Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстан

Баткенде жаш үй-бүлөлөр турак жайга муктаж

Баткен шаарында эле турак-жайга муктаж болуп кайрылган жаш үй-бүлөлөрдүн саны 1700дөн ашты. Ал эми шаардын аймагындагы калган жер ушундай тартипте кете берсе 5 жылдан кийин такыр бош жер калбай калышы мүмкүн. Ошол эле мезгилде бир коргондо 3төн үй-бүлө жашап, көп кабаттуу үйдөн көздөрү өтүп турат.

Баткен шаарынын тургуну Жумагүл 2 баласы менен 5 жылдан бери бир коргондо 12 жан жашап келишет. Кайын ата, кайын энесинен тышкары кайнагасынын балдары да бар. Өзүнчө үй-жайга бөлүнүп чыгып кетүү дегенде эки көзү төрт. “Макул бардык шарттары бар көп кабаттуу үйдөн үмүт кылбасак да жер болгондо эптеп үңкүрдөй болсо да өз үйүбүз болмок” дейт Жумагүл:

- Кайын атам менен чогуу турабыз. Бир үйдө 12 жан жашайбыз. Кайын агамдын балдары, өзүм бала-чакам. Жер алалы десек жер бербей жатышат. Батирге чыгалы десек шарты бар, көп кабаттуу үйдөн батир да жок. Жылуу суу, муздак суусу бар батир болсо гана... Бизге үй салууга кайын атам жер алалы деп арыз бергенине бир канча убакыт болду, жер жок.

Жумагүлгө окшоп үй жай үчүн кезекте тургандар Баткен шаарынын өзүндө 2 миңге чукулдаган болсо, шаарга жакын 9 миңдей калкы бар Карабак айылында 15 миңге жеткен. Кызыл жол айылында болсо 450 жаш үй-бүлө кезекте турат.

Бул айылдын тургуну Ысмайыл үй-бүлө курганына 8 жыл болгон. Эми иниси да үй-бүлө күтүп, 3 бөлмөлүү үйдө өзү, иниси жана ата энеси 2 бир тууганы менен турушат. Жергиликтүү бийликке кайрылып, арыз таштаганына бир топ жыл болсо да үмүтү ишке ашпай келет.

- Үйлөнгөнүмө 8 жыл болду, иним үйлөнгөнүнө бир жыл болду. Экөөбүз бир үйдө турабыз. Үй куруп чыгып кетейин десем жер жок. Арыз таштагам, шаар башкармалыгына кайрылдым, баары бир жер жок дешет.

Ал эми Баткен шаарынын мэри Сейдакмат Эрматовдун айтымында, азыр үйгө муктаж болуп кайрылгандардын саны арбын, шаар аймагында жер ченелүү ошол маселе бийликти да түйшүккө салууда. Көйгөйдү чечүүнүн бирден бир жолу - көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатабыз дейт шаар башчысы:

- Байлар жер алып, кембагалдар калып жатат дегендер көп. Ошондуктан шаарда кайрадан бир катар үймө-үй текшерүү, тактоо жүргүздүк. Шаарыбызда азыр кайра бөлүштүрүү фондунун жери - 462 га калды. Муну азыркыдай таркатсак 7700 кишиге 6 сотыхтан жер тиет. 5 жылда жер калбай калат. Ошондуктан биз Баткен шаарында көп кабаттуу үйлөрдү курмайын маселени чече албайбыз. Ошону чечүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз.

Хижап керекпи же кызматпы?

ЭлТРдин редактору хижап кийем деп кызмат ордун тапшырууда. Мамлекеттик мекемеде хижап кийип жүрүүгө болбойт, ошол кийимчен телеберүү алып баруу мүмкүн эмес деген талапты ар ким ар кандай баалап жатат.

Хижап кийгендиги үчүн ЭлТРдин редактору Марсгүл Дооронова кызматтан кетүүгө аргасыз болууда. Жагдайды ЭлТР деректиринин орунбасары Маматибраим Жаныбеков мындайча түшүндүрдү:

- Мен Марсгүлгө "бул жер стратегиялык объект, идеологиянын борбору болсо хижап менен жүргөнгө болбойт, көчөдө кандай жүрсөң мейли, ЭлТРдин эшигин аттаганыңда хижапты чечишиң керек" деп айттым. Жок дегенде жоолук салынып жүрбөйсүңбү десем да болбоду. Иштен бошотууну суранып, "андай болсо мен иштей албайт окшойм, хижапты таштай албайм" деп арыз жазды.

Биз Марсгүл Дооронованын өзү менен да байланышка чыктык. Ал мурдатан эле өзүн багып ала турган күйөөгө чыкса хижап кийем деген ниэтте жүргөндүгүн, 15 күн мурда турмушка чыккандыгын, анан ошол замат ойлоп жүргөнүндөй хижап кийүү чечимине келгендигин, ЭлТРде хижапчан жүрүп иштөөгө таптакыр болбойт дешкенде арыз жазып бергендигин айтат.

Марсгүл Дооронованын бул жерде иштегенине он бир жыл болгон экен. Редактор, “Зээн” деген берүүнүн продюсери, 2009-жылдан баштап “Мурас” бөлүмүнүн жооптуу редактору болуп иштеп келген. Марсгүл “Хижап кийбей эле мусулманчылыкты кармансаң болбойт беле?” деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди:

- Куранда беш убак намазыңды оку, орозоңду карма дегендин жанында аял кишилер үчүн аврат жерлериңди жап деген Кудайдын буйругу бар. Мен ушунча намаз окуп, орозо кармагандан кийин ошону аткарбасам болбойт да.

ЭлТРдин редактору Марсгүл Дооронова тушуккан кырдаалга байланыштуу мусулман аялдардын “Мутакалим” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы өз пикирин билдирди:

- Эгерде хижапчан мамлекеттик ишканага киргизбесе, бизде дин эркиндиги болгондон кийин, сотко арызданып, жеңип алса, демек, кызматына кайра киришсе болот. Бирок көбүнчө биздин кыздар арыз жазып берип, кетип калышат – ал туура эмес.

Ал эми “Агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаеванын пикиринде, динге түздөн-түз тиешеси бар мекеме-уюмдарда хижапчан жүрсө болот, бирок Кыргызстан секулярдуу өлкө болгондон кийин ЭлТР сыяктуу заманбап мекемелерде хижап кийип жүрүү орунсуз.

Марсгүл Доороновага хижап кийгизгендер – турмушка чыккан чөйрөсү болсо керек деп күмөн санагандар да арбын. Өзүнүн айтуусунда, кайын журту түшүнүктүү кишилер, кайын энеси мугалим, күйөөсүнүн эки диплому бар. Алар мурдагыдай кийинип ЭлТРде иштөөсүнө каршы деле эмес. Чечимди жеке өзү кабыл алган.

ЭлТРдин Оштогу кеңсесинде иштеген Марсгүл Дооронованын иштен бошотуу арызына деректир Бишкекте болгондуктан кол коюла элек.

Турат Сырдыбаев: Кыргыз-словак мамилелеринин тамыры бекем

1-апрелде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Словакиянын лидери Иван Гашпарович жолугушту. Кыргыз-словак мамилелери тууралуу тарыхчы Турат Сырдыбаев “Азаттыкка” маек курду.

- Мына Словакиянын президенти Кыргызстанга келди. Бул президент мурда, кийин катышы жок эмес, тарыхый жактан алакалары бар өлкөгө келди деп ойлойбуз. Сиз айтсаңыз, Кыргызстанга словак, чехтер качан жана кандай жагдайда келишкен?

Турат Сырдыбаев: Эң негизгиси 1923-жылы Словакиядагы Желин деген шаарында “Интергельпо” түзүлгөн. Ошондо Кыргызстан аймагына “Интергельпо” кооперативи менен 1925-жылы 1317 адам келген. Ошонун ичинен 50дөн ашык словак элдери болгон. Ошол мезгилден баштап Кыргызстан менен словак элдеринин карым катнашы күчөй баштаган.

- Теги словак, мурунку Чехословакия Коммунисттик партиясынын баш катчысы Александр Дубчек Кыргызстанда балалыгы өткөнү маалым. Ошол тууралуу айтып бересизби? Ата-энеси качан көчүп кетишкен, эмне менен алектенишкен?

Турат Сырдыбаев: “Интергельпо” келгенде Александр Дубчектин ата-энелери, туугандары болуп 1921-жылы 27-ноябрда Александр Дубчек Словакияда төрөлгөн, 25-жылы Кыргызстанга келишкен. Ал Кыргызстанда “Интергельпо” түзгөн мектепте окуп, 38-жылы кайра Словакияга көчүп кетишкен. Кийин Александр Дубчек көп кызматтарда иштеп, 60-68-жылдары Чехословакиянын биринчи катчысы болуп кызмат өтөгөн. Бул 68-жылкы Советтер Союзу менен карым-катнашка чоң роль ойноп, Батышка көңүл бурган да, кийин Компартиядан чыгарып коет, аягы ошол жактын депутаты болуп, элчи да болуп жүрдү. Кийин 1989-жылы кайра депутат болгон. Ал 1992-жылы дүйнөдөн кайтып кетти. Ал Кыргызстандан чыккан Чехословакиянын лидери эле.

- Кыргызстанда жашап жатканда словак, чехтерге кысым болгон эмес беле?

Турат Сырдыбаев: Жок, мен ойлойм андай деле болгон эмес болуш керек. Себеби булар бирдиктүү жашап келишкен, маданияты да бир болуп келген, Кыргызстанга келгенде да булар чехтер менен словактар чогуу жүргөн.

Андан тышкары “Интергельпонун” курамында көп улуттар болуп атпайбы, бул жерде венгерлер, поляктар бар. Анан Европа элинен келип Кыргызстандын аймагына келгенде бул жердеги орустар, кыргыздарды өз заводуна тартып, чоң кооператив түзүшкөн.

Кыргызстан менен Словакиянын президенттеринин сүйлөшүүсү өттү

1-апрелде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Словакиянын лидери Иван Гашпарович жолугушуп, тараптар соода-экономикалык жана гуманитардык байланыш боюнча маселелерди талкуулашты.

Өкмөт үйүндө өткөн кеңейтилген курамдагы отурумда тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, анын ичинде – энергетика, транспорт коммуникациялары, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, медицина жана фармакология, туризм жаатындагы алакаларды өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Өз сөзүндө президент Курманбек Бакиев тар курамдагы сүйлөшүүлөр кызыктуу жана жемиштүү болгондугун белгилеп, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкуулангандыгын айтты.

Президент Иван Гашпарович өз сөзүндө жолугушуу учурунда эки өлкөнү тең кызыктырган маселелердин тегерегинде сөз болгондугун айтты. “Биз соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий жааттардагы эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүнүн жолдорун талкууладык. Ошондой эле глобалдык каржы каатчылыгына, анын кесепеттеринен арылууга байланышкан маселелерге да кайрылдык”, - деди И.Гашпарович.

Словакиянын президенти ошондой эле эл аралык коомчулук “Бишкек демилгесин” колдоп жаткандыгын белгиледи. “БУУ бул демилгени колдоодо. Биз да Ооганстандын создугуп кеткен проблемаларынын чечилишине кызыкдарбыз. Биргелешкен аракеттер менен гана террорчулук менен баңгизат бизнесине каршы турууга болот”, - деп баса белгиледи И.Гашпарович.

Жетисиби?

Нарындагы нааразылык акциясы, 10-март, 2010-жыл

Бүгүнкү гезиттер өлкөнүн ички турмушу тууралуу макалаларга басым жасашты.

“Учур” гезити кечээ гезит басмага кетип аткан кезде “Форум” гезитине кысым жасалганын, прокуратура тарабынан аталган гезитке санкция берилип, ошол замат сот тарабынан жабуу чечими чыкканын башкы редактор Рыскелди Момбеков кабарлаганын маалымдаган.

Гезит андан ары “Эл толкуну Чүйдөн башталат” аттуу кабарында, Бириккен Элдик Кыймылы уюштуруп аткан эмдиги Курултай Чүйдө өтө турган болгонун, аны уюштуруу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго жүктөлгөнүн, нарындыктар 7-апрелде кайрадан нааразылык митингине чогулганы жатканын, анткени 29- март күнү өкмөт башчысы Данияр Үсөнов эл менен жолукканда Нарын элине 50 пайыз жеңилдиктер болот деп айтканын, бирок бул куру сөз бойдон калганын, анткени арзандатуу тууралуу эч кандай жарлыкка президент кол койбогонун, ошондуктан эл кайра толкуп чыга тургандыктарын кыймылдын мүчөсү Эркин Асаналиев билдирди деп жазып чыкты.

Муну менен бирге эле экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун 5 жылга шарттуу түрдө кесилишине эл аралык коомчулук катуу кабатыр болуп, өзгөчө Орусия, Казакстан жана Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары кыргыз бийлигинин мындай жоругуна баш чайкап атышканынан кабар алдык деп, 8-апрелде ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиев АКШга барганы жатса, ал жактагы кыргыздар аны каршылык акциясы менен тосуп алуу үчүн катуу даярданып жатышыптыр деп, Акаев кызы Бермет Акаеваны бийликке алып келүүгө ниеттенип калыптыр деп, белгилүү ишкер Урмат Барктабасов жакын арада Кыргызстанга келип саясый иш чарасын баштаганга киришет имиш деп кабарлады.

“Айат пресс” гезити, Нарын калкынын жаалынан сестенген акимдер алдастап жатканын, балким эртең-бүрсүгүндөн баштап далай аким кызматынан кол жууганы калганын, бул арада нарындыктардын нааразылыгына таластыктар атаандашып, Акүй амалын кетирчүдөй болуп турганын, Талас дубаны да 7-апрелде бүтүндөй козголуп, күтүүсүз аракеттерге барары айтылууда деп маалымат таратты.

Ушул эле гезит:

- Буга чейин АКШга таянган оппозиция эмне үчүн Орусияга таянууда? Натыйжасы кандай болот?-деп суроо салып төмөнкүдөй жоопторду алды.

Коомдук ишмер М. Ниязов: - АКШ авиабазадан кийин Кыргызстанга кайдыгер караганы көрүнүп турат. Орус бийлигинин Кыргызстанга болгон кызыкчылыктары болсо керек, ошондуктан оппозиция орус бийлигине ыктап атат.

Коомдук ишмер Б. Ааматов:
- Оппозиция АКШ менен орус бийлигине эмес, элге таянышы керек эле.

Саясат таануучу Чолпонбек Сыдыков: - Сырткы күчтөргө таянуунун арты жакшы болбойт.

Коомдук ишмер Б. Мамырова: - Бул суроого кошулбайм. Оппозиция акыйкат менен чындыкка таянып келген.

Саясат таануучу О. Молдалиев: - Оппозициянын сырткы күчтөрдүн таасирине кирип алуусу өтө опурталдуу. Демек кийин сырткы күчтөр да Кыргызстанды өз нугуна буруп алат. Биринчи кезекте улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын унутпашыбыз зарыл.

Бул басылма ошону менен бирге эле мамлекеттик жана коомдук ишмер И. Абдуразаковдун “Саясат ыплас эмес, аны саясатчылар ыплас кылат” деген ат менен, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыповдун “Акын болсом жаанда калган самындай эзилмекмин” деген ат менен маектерин жарыялады.

“Жаңырык апта” гезити жердин жаракасынан чыга калгансып, оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев эми 7-апрелде көрсөтөбүз деп жерден табылбаган муштумун көрсөттү деп, “үй-бүлөгө жакын адамдардын айтымында, Гуревичтин дүйнөнү дүңгүрөткөн чатагынан соң так талаш маселесине чекит коюлуптур, марттын кап ортосунда адатынча Германияда дарыланып жүргөн президентке жакындары телефон чалып, Гуревичтин чатагын маалымдашат. Бакиев дарылануу курсу бүтөлектигине карабай Кыргызстанга учуп келип, шашылыш түрдө “семейный совет” өткөрүп, айрыкча кичүү уулу Максим менен катуу кырдаалда сүйлөшкөн имиш. Ошентип “семейный советте” өзүнүн мураскору катары Жанышты жарыялаптыр. Учурда Адыл менен Жаныштын офистери биригип, чогуу иш алып барууга даярдана баштаптыр. Жакында Жаныш мамлекеттик күзөт кызматын өткөрүп, бир үлкөн орунду ээлеп, саясый карьерасын жаңы өңүттө баштайт дешүүдө” деп кеп кылды.

Аталган гезит андан ары журналист Алым Токтомушевдин “Хлестаков?” деген макаласын окурмандарына сунуштаган. Макалада бийлик менен оппозиция өткөргөн курултайлардын маани-маңызы, “мекенчилдик” тууралуу сөз жүрөт. Автор мекенчибиз деп төш каккандар кыргыз жери Кытайга, Өзбекстан менен Казакстанга өтүп атса да үн катпайт да, “кокуй өлдүк, "Манасыбызды" кытай алып кетти!” деп жер тепкилеп өкүрөт, өлкөбүз таланып жатат, тонолуп жатат, алардан туулган балдарынын эртеңи эмне болот?” деген тагдыр чечер маселелерге үн катпаган мекенчилди байкай албайсың” деп белгилеген.

Алым Токтомушев саясатчы Дастан Сарыгуловду сындын бутасына алып: “Дастан Сарыгуловдун сайраганына караганда кыргыз элинде кул-кутан деген болбоптур, карандай бай менен манап экенбиз. Анан эмне үчүн бүгүнкүдөй эшейген абалдабыз десең, совет бийлигин, орус шовинизмин сөгөт. Аларга жан аябай кызмат кылып, ушул үлкөн байлыкка кантип туйтунганын унутат, Акаевдин аркасын унуткандай эле” деп кошумчалаган. Макаланын улундасы кийинки санга калтырылган.

Журналист Семетей Талас уулунун макаласы “Кыргызстан кумарканалардын бейиштөрү” деп аталып: “Кыргызстанда дүйнөлүк каржы кризисинин капшабы такыр тийбеген тармактар бар. Ал – казино жана ойномо автоматтар тармагы. Саны жылдан жылга өсүп барат. Экономикасы чабал, турмушу оор деген алыскы Баткен дубанында казинолордун ачылып жатышы – бул тармактын канчалык кирешелүү экенинен кабар берет Ал ортодо кумар оюнунун азгырыгына кирип, канчалаган үй-бүлө талкаланып, канчалаган ишкерлер бар жыйганын бир түндүк кумарга алмаштырып, сызга отурганы менен кумарканаларды жабуу бүгүнкү бийликтин эч оюнда жоктой “ деп жазды.

Андан ары мыйзамда ЖК депутаты бизнес менен шугулданууга болбойт деп жазылып турса дагы депутат Роман Шин казинонун кожоюну экендигин, казино ээлери кезинде алардын ишмердүүлүгүнө каршылык кылган генерал Ө. Суваналиевге кантип “чабуулга” өткөн мисалын баяндоого алган.

1-апрель: Тарых барактары

1-апрель - Күлкү күнү

«Советская Киргизия» гезитинин 1945-жылдын 1-апрель күнкү санында «Шаардын чарбасына большевиктик тартип» аттуу макала жарыяланган. Макалада борбор шаардын көчөлөрүн булгап, дарактарды кыйгандарга каршы чечкиндүү күрөш жарыялоо зарылчылыгы белгиленген.

Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитети 1969-жылдын 1-апрелинде Өнөр жай жана курулуш материалдар министрлигине республикалык бюджеттен 53 миң рубль бөлүнгөндүгүн билдирген. Мамлекеттик бюджеттин каражаты Фрунзе ТЭЦинен чыккан күлдү курулуш материалы катары колдонуш үчүн сыноо максатында жумшалаары белгиленген.

Фрунзе шаарынын дүкөндөрү 1969-жылдын 1-апрелинде химиялык жиптен жасалган товарлардын баасы төмөндөгөндүгүн билдирген. Баалардын арзандашы СССР Соода министрлигинин чечимине ылайык жасалып, натыйжасында түстүү телевизорлор - 25%, капрон байпактар - 10%, арзандаган.

Фрунзе шаардык Элдик көзөмөлдөө комитети 1974-жылдын 1-апрелинде Кыргыз мамлекеттик университетинин лабораториялык корпусунун курулуш ишинде орун алган чарбасыздык жана кытып алма өнөкөтүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Лабораториялык корпустун жылуулук системасынын жарылышы жана курулуш материалдарынын уурдалышы сыяктуу терс көрүнүштөр, мамлекеттик казынага 2652 рубль зыян алып келген.

Советтер Союзунун акыркы жылдары экономикалык абал оордошуп, ал карапайым калктын турмушуна залакасын тийгизген. Баалар күн санап өсүп, анын натыйжасында калк буга чейин беймаалым инфляция менен жакындан таанышкан. Фрунзе шаардык бийлиги абалдан чыгуунун амалын ойлоп 1987-жылдын 1-апрелинде борбордук маршруттук таксилерге 20 тыйындык талон киргизген. Жүргүнчүлөр үчүн 1 рубл 20 тыйынга 5 талон сатылып, шаардык бийликтин «жаңылыгы» кардарлардын чөнтөгүнө эле эмес, аларды тейлеген айдоочуга да бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан. Айдоочулардын акчаны тымызын «кытып алма» өнөкөтүнө каршы көрүлгөн чара түбү келип инфляциянын өсүшүнө кириптер кылган.

Кыргыз ССР Өкмөтү 1984-жылдын 1-апрель күнү жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо максатында процентсиз насыя берүү туурасында токтом кабыл алган. Өкмөт токтомуна ылайык республиканын өнөр жай, ишкана жана мекемелери жаш үй-бүлөлөр үчүн 8 жылдык мөөнөткө 1500 рубль көлөмүндө насыя берүү маселеси чечилген. Эгер каралган мөөнөт аралыгында жаш үй-бүлө 1 наристени жарык дүйнөгө алып келсе, насыя 200 рублга кыскарган. Экинчи бала төрөлсө анда алар мамлекетке 300 рубль аз акча төлөшкөн.

1-апрель Күлкү күнү катары белгиленет. Адатта бул күн биринчи жолу Францияда белгиленген деп айтылат. Анткен менен байыркы римдиктер 17-февралда «аңкоолордун майрамын» белгилешкени маалым. Ал эми Чыгыш Индияда болсо илгертеден 31-март күнү алдамай адат өкүм сүргөн. Адистердин айтымында, жеңил мүнөз майрамдын жаралышына табияттын жаз убагындагы тез өзгөрмө кубулушу себеп болгон экен.

1-апрелде Канаттуулардын эл аралык күнү белгиленет. Канаттууларды коргоо Конвенциясына 1906-жылдын 1-апрелинде кол коюлуп, ошондон бери прогрессивдүү коомчулук канаттуу куштарды коргоо камын көрүп келет.

Беларуста бүгүн Математиктердин күнү белгиленет.

Император Юстиниан I 527-жылдын 1-апрелинде Византия империясынын тагына отурган.

Вильнюс университети 1579-жылдын 1-апрелинде негизделген.

Император Александр I 1808-жылдын 1-апрелинде Финляндиянын Орусияга «түбөлүк» кошулгандыгын жар салган.

Күнүмдүк турмушунда токтоолук мүнөзү менен айырмаланган Федор Михайлович Достоевский 1875-жылдын 1-апрель күнү төшөктөн чычканды таптым деп зайыбын тамашалаган экен.

Англиянын «Таймс» гезити 1875-жылдын 1-апрелинде биринчи жолу бир жумалык аба ырайынын божомолун жарыялаган.

Бельгиялык эмигрант Шарль ван де Пол 1890-жылдын 1-апрелинде Америка Кошмо Штаттарында биринчи троллейбуска патент алган.

Айтылуу француз учкучу Ролан Гаррос жаңы ойлоп тапкан ок атуу системасына ылайык 1915-жылдын 1-апрель күнкү абадагы салгылашта «Моран» монопланында немистик учакты атып түшүргөн. Ролан Гарростун системасы боюнча пулемет учактын алдыңкы фюзелажына орнотулуп, ал ок атуу менен кыймылдаткыч каражатты синхрондоштурган. Ролан Гарростун учагы 19-апрель күнү кырсыкка учурап, учкуч немистерге колго түшкөн. Немис инженерлери Ролан Гарростун системасын үйрөнүшүп, кийин конструктор Антон Фоккер ок атуунун андан да эффективдүү вариантын ойлоп табууга жетишкен.

НКВДнын ОГПУ коллегиясына караштуу атайын максатта колдонулчу биринчи отряд 1921-жылдын 1-апрелинде уюшулган.

«Огонек» адабий журналынын биринчи саны 1923-жылдын 1-апрелинде жарык көргөн. Анткен менен ал мындай аталышта революцияга чейин эле «Биржевые ведомости» журналынын тиркемеси катары чыгып келген. Советтик идеологияга ылайык журналдын аталышы эски болгону менен ички мазмуну коммунисттик талаптарга жараша өзгөртүлгөн.

«Пиво путчу» үчүн беш жылга камакка алынган Адольф Гитлер 1924-жылдын 1-апрелинен тарта «Майн кампф» аттуу китебин айтып берип, аны Рудольф Гесске кагазга түшүрө баштаган. Китепте айтылган ойлордун акыры миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылып, ондогон өлкөлөрдүн чалдыбарынын чыгышына кириптер кылган.

Антуан де Сент-Экзюпери 1924-жылдын 1-апрелинде «Учкуч» аталган биринчи аңгемесин жарыялаган.

Иерусалимдеги Жөөт университети 1925-жылдын 1-апрелинде түптөлгөн.

Нацисттик Германияда 1933-жылдын 1-апрелинде жөөт фирмалары менен дүкөндөрүнө бир күндүк жалпы улуттук бойкот өткөн.

Бирма 1937-жылдын 1-апрелинде Индиядан бөлүнүп чыккан.

«Арзамас-16» аталган Советтер Союзундагы өзөктүк борбор 1946-жылдын 1-апрелинде уюшулган.

Африкалык искусствого арналган дүйнөдөгү биринчи эл аралык фестиваль 1966-жылдын 1-апрелинде Сенегалда ачылган.

Леонид Гайдайдын «Кавказ туткуну» аттуу атактуу тасмасы 1967-жылдын 1-апрелинде экранга чыккан.

Кытай коммунисттик партиясы 1969-жылдын 1-апрелинде «маданий революция» соңуна чыккандыгын билдирген.

Март айынын соңунда өткөн жалпы референдум жыйынтыгына жараша аятолла Хомейни 1979-жылдын 1-апрелинде Иран ислам республикасынын курулгандыгын жарыялаган.

ОРТ каналы 1995-жылдын 1-апрелинде обого чыккан.

Президент Б. Н. Ельцин 1997-жылдын 1-апрелинде аткаминерлерди жалаң Орусияда чыккан унааларда жүрүшүн талап кылган жардык жарыялаган.

Албания менен Хорватия 2009-жылдын 1-апрелинде НАТО уюмуна кирген.

Кыргызстанга Словакия президенти келди

Словакия президенти Иван Гашпарович жубайы менен учактан түшүүдө, "Манас" аба майданы, 2010-жылдын 31-марты.

31-марттын кечинде Кыргызстанга Словакиянын президенти Иван Гашпарович расмий иш сапары менен келди. 1-апрелде ал мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен жолугушуп, тараптар соода-экономикалык жана гуманитардык байланыш боюнча маселелерди талкуулашат.

Бүгүн кечинде Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Словакиянын президенти Иван Гашпаровичти "Манас" аба майданынан Мамлекетик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен вице-премьер-министр Тажикан Калымбетова тосуп алды. Бул расмий иш сапардын алкагындагы негизги иш чаралар эртеңкиге, 1-апрелге белгиленген.
Словакия президенти Иван Гашпаровичти "Манас" аба майданынан Мамлекетик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен вице-премьер-министр Тажикан Калымбетова тосуп алды, 31-март.

Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы министрлигинин Батыш өлкөлөрү менен байланыш агенттигинин жетекчиси Кайнар Токтомушев кыргыз-словак президенттери 1-апрелде жолугушаарын "Азаттыкка" билдирип, анда каралуучу маселелер тууралуу буларга токтолду:

- Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүдө чынында азырынча анчалык активдүүлүк жок. Мисалы 2009-жылы соода жүгүртүү 2,5 миллион доллар болду. Бул өтө эле аз. Мына ушул маселени эки президент талкуулайт. Анын жыйынтыгында эки докментке кол коюлушу күтүлүүдө. Азыр ошол долбоорлорду карап жатабыз, бул инвестиция жана салык жагынан. Буюрса ушул келишимдерге кол коюлуп, күчүнө киргенден кийин соода багытында актидештирүү боюнча иштейбиз.

Кыргыз президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов да Курманбек Бакиев Кыргызстанга расмий визит менен келген Словакиянын президенти Иван Гашпарович менен экономикалык, гумманитардык багыттагы маселелер боюнча сүйлөшөөрүн айтат:

- Эртеңки жолугушууда эки президент тар чөйрөдө жолугушат. Андан кийин кеңейтилген форматта жолугушуу болуп, андан кийин биргелешип иштешинин жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат.

Өлкө башчысынан тышкары Словакиянын президенти Иван Гашпарович Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов менен дагы жолугушат. Анда эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу маселеси каралышы күтүлүүдө.

Парламенттин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитеттин төрагасы Мария Исанова Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш бөлүмү жолугушууга даярдыктарды көрүп жатканын, бул жолугушуудан соң кыргыз-словак парламенттер аралык кызматташтык артаарын, буга чейин дагы достук байланыштар болуп келгенин билдирди.

- Бизде “Достук” тобу бар. Мына ошолор менен жакшы карым-катнашы бар. Кат алышып, жазышып турушат. Анан алар эртеңки жолугушууга дагы даярданып жатышат.

Мария Исанова белгилегендей, буга чейин парламенттин “Ак жол” фракциясынын депутаты Динара Молдошева Словакияга барып жер реформасы боюнча тажрыйба алмашып келген.

Словакия президенти Иван Гашпаровичтин иш пландары тууралуу Мамлекеттик тышкы министринин Батыш өлкөлөр менен байланыш агенттигинин жетекчиси Кайнар Токтомушев буларга токтолду:

-1925-жылы Кыргызстанга “Интергельпонун” мүчөлөрү келген. “Интергельпо” - бул ошол кездеги Чехословакиянын кооперативи. Ошол кооператив Кыргызстандын өнөр-жайынын пайдубалын курууга абдан зор салым кошкон. Программа боюнча президент И.Гашпарович Кыргызстанда жашаган слоавактар менен жолугушат. Алар ошол “Интергельпонун” кызматкерлеринин урпактары.

Словакия 1993-жылдын 1-январында ошол кездеги Чехословакиядан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаган. 2004-жылдан бери Евробиримдикке мүчө. Словакияда 5 миллиондон ашуун калк жашайт.

Жоопсуз суроолордун артында ким турат?

31-мартта "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы эки темада - Баткен жана Талас эли менен айыл тургундарынын маалымат алуусу жана уюлдук байланышка кошулган 60 тыйын тууралуу - видео-диалог уюштурду.

Видео-диалогдун катышуучулары 60 тыйын тууралуу эч бир бийлик өкүлдөрү да, оператор кызматкерлери да түшүндүрмө бербей жатканына наарызы болуп, ага каршы акция өткөрө тургандарын билдиришти.

Гүлсанам Исакова
Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургуну. Ак-Сай кыргыз-тажик чегиндеги четки айылдардын бири болгондуктан өлкөдөгү болуп жаткан окуялар менен таанышуу алар үчүн өтө кыйын.

Ак-Сайда Кыргыз улуттук телекөрсөтүүсү тартканы менен сапаты начар. Ошол себептүү да айылдын тургундары тажик телеканалдарынан жаңылык, сериалдарды көрүүгө мажбур. Ал эми гезиттери кечигип жеткендиктен, аны окуганга эмес отту тутандыруу үчүн пайдаланышат.

- Биз “Азаттык” радиосун деле укпайбыз. Биз чек арада жашагандыктан, ал да бизде тартпайт. Телевизорду да жакшы көрө албайбыз, ал да жакшы көрсөтпөйт. Гезитти бир ай кечигип алабыз да, бир эле көз жүгүртүп коёбуз. Аны от жагуу үчүн тутурук кылып коёбуз. Башка айлабыз жок. Чындыгында өлкөдөгү маалыматты билбейбиз.

Жакында көз карандысыз уюмдар ушул аймакта социалдык иликтөө жүргүзүп, анда көпчүлүк эл маалыматты мугалимдерден, чек арачылардан, айыл өкмөт кызматкерлеринен, жыйындардан же тойлордон оозеки гана түрдө угушаарын аныктаган.

Баткен шаарында интернет аркылуу “Азаттыктын” сайтынан маалымат алышат. Диалогдун катышуучулары башка гезиттер жок болгондуктан мажбур түрдө почтадан “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу” гезиттерине пенсия, пособиенин эсебинен жазылышарын белгилешти.

Акыйкатчынын Баткендеги өкүлү Хаит Айкыновдун айтымында, көп учурда маалыматтар толук жетпейт.

- Мисалы, Нарында премьер-министр Данияр Үсөновдун эл менен жолугушуусу тууралуу толук, расмий маалымат бербей жатат.

Диалогго катышкан “Алиби” гезитинин ээси Бабырбек Жээнбеков айрыкча айыл жергеси өлкөдөгү маалыматтар менен толук тааныш эместигин, Евгений Гуревич жөнүндө, стратегиялык объекттердин арзыбаган баага сатылып кеткени тууралуу элдин кабары жок экенин белгиледи. Ал бийлик мындай маалыматтарды элге жеткирүүнү каалабайт деген пикирин айтты.

Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мээри Бекешова маалымат алуу укугун эл өзү гана чече турганын айтат.

- Мына ушундай азыркы абалды Кыргызстандын жалпы эли оңдобосо, мисалы, Гуревич келип оңдоп бербейт.

Бул маселе боюнча Президенттик катчылыктан, президенттин басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Коалиция уюштурган экинчи талкуу таластыктар менен болду. Анда уюлдук байланышка 60 тыйындын кошулушу тууралуу талкуу жүрдү. Бул талкууга Мамлекеттик байланыш агенттигинен, байланыш операторлордун өкүлдөрү чакырылганы менен алардын келбегендиги айтылды.

Ал эми Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Лариса Шустикованын айтымында, жеке ишканаларга алар кийлигише албайт. Ошол себептүү учурда мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңешке, Экономикалык жөнгө салуу агенттигине жиберилген.

Талкууга катышкан Талас тургуну Мурат Шамил 60 тыйын тууралуу эч бир бийлик өкүлдөрү да, оператор кызматкерлери да жүйөөлүү себептерин айтпай жатканына нааразы болуп, ага каршы акция өткөрүү ниетин билдирди.

- Биз сөзсүз түрдө бул акцияны уюштурабыз. Бизде башка вариант жок. Анктени биз байланыш операторлорго смс да жөнөтүп көрдүк. Эч бир натыйжа чыккан жок, көңүл да бурушкан жок. Алар коомчулукка, өздөрүнүн абоненттерине байлыныш үчүн эмнеге, эмненин негизинде 60 тыйын кошуп койгонун түшүндүрүшкөн да жок.

“Мегаком” компаниясынын маалымат кызматынын жетекчиси Оксана Бедаштын айтымында, уюлдук байланыштын баасынын кымбатташына тарифтердин көтөрүлүшү менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин акыркы чечимдери да себеп болгондугун айткан эле.

- Агенттиктин ушул буйругу, бул - байланышка болгон баалардын кымбатташына себепчи болгон факторлордун бири. Негизи мындай чечимди кабыл алуу, рыноктогу бардык кымбаттоолордон да улам болду. Электр энергиясына, кара майга болгон баалар кымбаттап кетти. Бул биздин иштерге түз таасирин тийгизет. Андан тышкары биз менен кызматташкан бардык компаниялар өз кызматтарын көтөрүштү. Ошол эле маалымат каражаттарындагы жарнак баалары, кире акысы, жабдыктарды алып келчү ортомчу ишканалардын акылары да кымбаттап кетти. Албетте биз чыгашага иштей албайбыз.

Мурда Байланыш агенттиги буга тиешеси жок экенин, ал операторлордун өзүнүн чечими экенин айткан. Ошентип жоопсуз суроолордун арасында “чайналган” эл кайрадан жооп издөөдөн тажабай тургандыгын айтып жатышат. Жыйынга катышкандар ушул эле маселени кийинки айларда кайрадан талкуулоону сунушташты.

Демократия оюндары...

Ынтымак курултайы, 2010-жылдын 23-марты.

Ынтымак курултайында президент батыштык үлгүдөгү демократия кыргызга жукпай атканын айтып, “кеңешме демократиясы” аттуу демократия үлгүсүн көтөрүп чыккан эле. Эмне себептен демократиянын салттуу түрү кыргыз коомчулугуна жукпай келди?

Деги ошол демократиянын маңызын жайылтуу аракети чындап жасалды беле же ага атайылап тоскоолдуктар болуп келдиби?
Өткөн жыйырма жылдай аралыкта Кыргызстан өзүн дүйнөгө демократиялык өлкө катары таанытып келди. Эмнеси болсо да кагаз жүзүндө ошондой болчу, азыр да ошондой.
Акылмандардын ой-пикирлерине, кеңештерине ширелген курултайдан мен “кеңешме демократиясынын” үлгүсүн көрүп турам. К.Бакиев


Ошентсе да биринчи президент Аскар Акаевдин башкаруусунун башында демократиялык процесстер жакшы жүргөнсүгөнү менен, жалпылап айтканда 15 жылдык башкаруусу учурунда деле демократиялык мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан төмөнкү орундарда жүрдү. Учурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда деле ал көрсөткүчтөр жакшырган жок. Адам укуктары жаатында, сөз эркиндиги жаатында да Кыргызстанда көрсөткүчтөр жакшырбай, тескерисинче төмөн түшүүдө. Freedom House уюму жыл башында Кыргызстанды жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарынан, эркин эместердин катарына түшүргөн эле.

Президент Курманбек Бакиев болсо Ынтымак курултайынан "кеңешме демократиясынын" үлгүсүн көрүп турганын, буга чейинки адам укуктарына жана шайлоолорго негизделген демократия үлгүсү элге жугары күмөн экенин айтат:
К.Бакиев

- Акылмандардын ой-пикирлерине, кеңештерине ширелген курултайдан мен “кеңешме демократиясынын” үлгүсүн көрүп турам. Ынтымак курултайы – бул, эки күндүк же жылына бир жолу өтүүчү иш-чара эмес. Ал такай иштеген, бийликке акыл кошуп турган “кеңешме демократиянын” ордосу болууга тийиш. Курултайды чакырган кайрылуумда айткандай, өлкө жетекчилиги демократия түспөлүндөгү декоративдик органга муктаж эмес.

Баш мыйзамда Кыргызстан демократиялык баалуулуктарга таянган, жарандын укугун башкы баалуулук катары санаган өлкө экендиги жазылган. Бирок президент ошол эле курултайда жалгыз бир адамдын укуктары башка адамдардын, жалпы коомдун, жаратылыштын укуктарынан ажыратылып калып атканын айтып, адам укуктарынын батыштык системасы кыргыз коомуна сиңерине арсар экенин билдирди.

Демократия жукпай атабы же жуктурбай атышабы?

Чындап эле президент айткандай демократиянын батыштык үлгүсү кыргыз коомчулугуна сиңбей атабы? Деги буга чейин ошол демократиянын шайлоолор менен адам укуктарына негизделген батыштык үлгүсүн киргизүүгө чындап аракеттер жасалды беле?

Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин айтымында, тилекке каршы мурунку президенттин тушунда да, кийинки президенттин тушунда да чындап андай аракеттер жасалган жок. Тек гана демократиялык деген түр көргөзүлүп, иш жүзүндө тетири иштер болуп келди:
О.Молдалиев

- Демократиянын батыш үлгүсүнөн башка дүйнөгө модел болуп берчү башка үлгү жок тилекке каршы. Ал эми демократия элге сиңбей койду деген пикирге макул болууга болбойт. Анткени аны чындап киргизүү аракети болгон жок. Албетте, демократия бир күндө эле орноп кетпейт. Бирок жыйырма жылдын ичинде батыш үлгүсүндөгү ошол демократияга көнүп калсак болот эле.

Шайлоодо технологиялар колдонулуп кетет деген шылтоо айтылып атат. Технологияларды ким колдоно алат? Албетте бийлик гана колдоно алат да. Рычаг бийлик колунда да. Шайлоо бузулуп, эл арызданганда адилеттүү сот болбогондуктан ал маселе чечилбей калып атпайбы. Бизде азыр демократия жок. Демократияны чала-була жасап коюп, ошону кайра эле жамандап атабыз...

Демократиянын батыш үлгүсүнөн башка дүйнөгө модел болуп берчү башка үлгү жок тилекке каршы. Ал эми демократия элге сиңбей койду деген пикирге макул болууга болбойт.
О.Молдалиев

Ошондой эле профессор О.Молдалиевдин пикиринде, Ынтымак курултайынын үлгүсүн “кеңешме демократия” деп атоо такыр туура эмес. Анткени, байыркы грекчеден алганда “демократия” деген сөз “эл бийлиги” дегенди түшүндүрүп, өз ичине президент айткан “кеңешме” деген сөздү да камтып турат. Андан тышкары ошол курултайга келген 750 адамдын легитимдүүлүгү да чоң суроолорду жаратат. Себеби, курултай делегаттарынын баары шайланып келбей эле дайындалып келгени жана курултай учурунда тизме аркылуу, алдын-ала белгиленген адамдарга сөз берилип атканы даана көрүнүп турду. “Ошол себептүү бул көз боёмочулуктун бир түрү болуп калды”,- дейт О.Молдалиев.

Ынтымак курултайы жана Халк маслахаты. Окшоштуктар

Дагы бир саясий серепчи Марс Сариевдин айтымында, “кеңешме демократиясы” деген ураан аркылуу кыргыз элин бийликтер архаикалык доорго карай, алдыга эмес эле артка тарта башташты. Анын пикиринде, “кеңешме демократия” деген шылтоо менен бийликтегилер элди биротоло “кыңк” дедирбей башкаруу ниетин көрсөтүүдө жана мындай жол Түркмөнстандыкына окшош:
М.Сариев

- Демократия бир эле болот. Ал батыштан келаткан, өнүккөн өлкөлөрдөн келаткан демократия. Мындан жакшы демократияны дүйнөдө эч ким ойлоп таба элек. Бул “кеңешме демократия” деген нерсе бийликтин кызыкчылыгына байланыштуу. Биз араң батышка жакындап баратканда, демократияга баратканда анын тамырын чаап салып атабыз азыр. Өнүккөн демократияга эшик ачып атып, ошонун баарын кайра жаап салсак биз тап-такыр эле кыргызчылыкка малынып калабыз. Түрмөнстанга окшоп калабыз.

Түркмөнстан демекчи, ал жакта да убагында түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун демилгеси менен элдик бийликтин жогорку органы катары Ынтымак курултайы сыяктуу орган, Халк маслахаты чакырылган болчу. Алардын Халк маслахаты да “тагдыр чечээр, өлкөдөгү маанилүү маселелерди карайт, аларды өкмөткө жана парламентке сунуштайт, аткарылышын көзөмөлдөйт” деп түзүлгөн эле.

Халк маслахаты Сапармурат Ниязовго “түркмөнбашы” деген ат берип, 1999-жылы аны өмүрү өткөнчө президент болуп калары тууралуу чечим кабыл алган. 2006-жылдын 21-декабрында түркмөнбашы жүрөгү кармап капысынан каза таап, анын ордуна президент болгон Гурбангулы Бердымухаммедов 2008-жылы Халк маслахатын жоюп, мажилистин ыйгарым укуктарын кайтарган.

Ошол эле учурда коомчулукта Ынтымак курултайы Түркмөнстанда жоюлуп кеткен Халк маслахатына окшобостугун, Кыргызстанды бул өлкө менен салыштырууга болбостугун айткандар да жок эмес.

Аракечтин арманы, же улут саламаттыгы

Студенттер аракечтик тууралуу сахналаштырылган спектакль тартуулашты.

30-мартта Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетте жаштар арасындагы аракечтик, бангилик сыяктуу көйгөйлүү маселелерге арналган “Улут саламаттыгы - улуу мурас” деген жыйын өттү. Жыйынга аталган окуу жайдын гана эмес, башка да жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, сахналаштырылган программаларын тартуулашты.

Жыйында талкууланган негизги тема бул - аракечтик болду. Окуу жайдын студенттери атайын сахналаштырылган кыска программаны тартуулашты. Мындан сырткары бангилик жана аракечтикке арналган “Аттиң” жана “Тебеленген сезимдер” аттуу кыска метраждуу эки тасма көрсөтүлдү.

Жыйынды уюштуруучулардын айтымында, бул тасмалар жаштарга аз да болсо таасир этипп, терең ойлонууга түртөт. Уюштуруучу топтун жетекчиси Темирлан Рысбаев буларды белгиледи:

- Окумуштууларыбыз изилдеп чыккан экен: арак ичкен адамдын кабыл алуусу эки гана мүнөттүк маалыматты сактай алат экен. Бүгүнкү жыйынды уюштуруп жатканыбыздын себеби, жаштарга аз да болсо маалымат берип, бул жолдон алыс болууга чакыруу. Жөн гана сүйлөп жыйын уюштуруп койбостон, атайын аракечтик темасына арналып тартылган кыска метраждуу тасмаларды да көрсөттүк.

Айрым маалыматтарга караганда, ар бир үй-бүлө жылына орточо 7-11 миң сомго чейин каражатты арак менен тамекиге сарптайт. Аракечтик менен тамеки тартуудан эркектердин орточо жашы 62ге, аялдардыкы 67ге чейин кыскарып кеткен.

Күндө майрам, күндө той...

Курманбек 25 жашта. Ал учурда белгилүү медициналык борбордо 20 күндүк дарылоо курсунан өтүп жатат. Кантип аракка берилип кеткендиги туурасында Курманбек бизге буларды айтып берди:

- Аракты бир ичкенден кийин ар кандай шылтоолор көбөйө берет. Кыргызда жаңы нерсе алса эле “жуумай” деген бар. Анан эртеси “баш жасмай” дегендер көбөйө берет. Й-бүлөгө да жаман көрүнүп, ар кандай жеме сөздөрүн угасың. Жашоо оңолобу деген үмүт менен учурда дарыланып жатам.

Деген Курманбекке окшоп, көпчүлүк аракечтер да жаңы жашоо баштагысы келет. Бирок бул бардыгынын эле колунан келе бербейт. Биринин дарыланууга каражаты жок болсо, башкасына эрки жетпейт.

Ал эми дарыгер Эркин Кубатовдун айтымында, көпчүлүк учурда аракеч өзүнүн акыбалын мойнуна алгысы келбейт:


- Иче турган адамдардын шылтоосу көп болот. Досум, классташым келди деп эле шылтоо издеп калат. Медициналык көз караш боюнча бир айда 2 же 3 жолу катуу мас болгон адам өзүнүн ден соолугуна жакшылап карышы керек.

Дарыгерлердин айтымында, арак эң алгач канды коюлтат жана ал кандагы сууну жок кылып жиберет. Арак ичилгенден кийин 10 сааттын ичинде адамдын денесинен чыгып кетсе да, анын уулуу калдыктары организмде калып калат. Ошол калдыктар бара-бара адамдын ден соолугун начарлатат.

Алкоголдук ичимдиктердин бардыгында организм үчүн уулуу болуп эсептелген этил спирти кездешет. Бирок ага карабай айрым жаштар спирт ичимдиктеринен баш тартпай келишет.

Сахналаштырылган оюн
Кандай чаралар көрүлүшү керек?

30-мартта Ишенаалы Арабаев атындагы университетте өткөн жыйынга катышкан жаштар аракечтикти кантип токтотууга болот деген суроого өз пикирлерин билдиришти:

Зарина: 16 жашка чейинки жаштарга арак сатууну токтотуш керек.

Адилет: Мамлекет катуу тыйуу салып, арак ичкендерге кысым кылыш керек.

Асель: Арак чыгарган заводдорду жаап салыш керек.

Кемел: Мектептерге адеп сабагын көбүрөөк киргизиш керек. Балдардын жүрөгүндө ыйман болуш керек.

Саадат: Ар бир адам өзүнө жооп бериш керек. Мени досум бузду деген болбойт.

Жардам, колдоо, түшүнүү

Дүйнөлүк медицина аракечтикти таза айыктырууну 60 пайызга ашырууда. Демек, 100 арактан жапа чеккендерден 60 киши айыгат. Бүгүнкү өнүккөн коомдо бул өтө аз көрсөткүч. Аракечтик бул жеке гана медициналык көйгөй эмес, бул ошондой эле социалдык да көйгөй.

Айыл жергесинде жаштар үчүн көңүл ачуучу жайлардын жоктугу, бекерчилик, бош убакыттын көптүгү да көпчүлүк адамдарды аракечтиктин сазына түртүп жаткандай. Эмне үчүн жаштар аракка тез берилет? Психолог Назира Исаева буларды айтты:

- Жаштар мүнөздөрү калыптана электе ар кандай топторго кирип, ал топ эмне кылса ошол өнөрдү бат үйрөнүп кетишет. Ар бир топтун өзгөчөлүгү ар башка бири тамекини көп тартса, экинчиси аракты көп ичет. Анан сөзсүз бул топко кирген жаштар таасирленет.

Эл аралык байкоочулардын баамында, Кыргызстанда арак ичкендердин саны кескин көбөйдү. Жалпы коомдун чекеге чыккан чыйканы болгон аракечтик, бара бара жалпы улуттун генофондуна залалын тийигизиши ыктымал деген кооптонууну жаратат.

Жаштар кайда эс алат?

Бүгүнкү күндө Бишкектин жаштары ар түрдүү эс алат: алар түнкү клуб, кинотеатрларга барышат, жаратылышка чыгышат же караоке залдарында ырдап, көңүл ачышат. Бирок алардын ичинен эң эле белгилүү болгону – бул түнкү клубда эс алуу.

Түнкү клубка эс алганы келген Албан мындай жайларга достору менен аптасына бир жолу келээрин айтты:

- Мен клубда эс алууну жакшы көрөм. Жаштыгымды азыр жакшы өткөрүп алышым керек. Бир жумада бир жолу досторум менен келип турам. Клубда эс алып, убактыбызды жакшы өткөрүп кетебиз. Жаш болгондон кийин убакыт барда эс алыш керек, кийин иштеп баштаганда - кол тийбей калат.

Ал эми Эрик түнкү клубдарга туулган күн, ар кандай майрамдарды белгилөө үчүн келээрин билдирди:
Клубдарга көп барган студенттер көп учурда сабагынан жетишпейт.


- Түнкү клубдарга маанайыма жараша келем. Досторум, кесиптештерим менен чогулуп калганда да келип калабыз. Бул жерде, биз үчүн маанилүү окуяларды белгилейбиз. Мисалы, туулган күндөр, иштеги ийгиликтер жана жетишкендиктер, ошондой эле кадыресе башка майрамдарды да белгилей беребиз.

Түнкү клуб - бул кечки саат тогуздан баштап иштечү коомдук жай. Клубдардын бар, бий аянтчасы жана “чил аут” жайлары болот. “Чил-аут” – бул клубдун ичинде эле тынч отуруп, жайдары сүйлөшө ала турган жай. Ал жерде жай ыргактагы музыка угуп, эс алса болот. Түнкү клубдардын өзгөчө бир форматы жок, ар бир клубдун атайын өзүнүн күйөрмандары болот.

Эс алуунун да, билим алуунун да өз убактысы бар

Айрым жогорку окуу жайлардын окутуучулары түнкү клубдарда көп эс алган студенттер сабагынан жакшы жетишпей калышаарын айтып калышат. Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Замира Самудинова буларга токтолду:

- Клубдарга көп барган студенттер көп учурда сабагынан жетишпейт. Түн ичинде уктабагандыктан, алардын сабакта уйкусу келет, кабылдоосу начарлайт, темаларды жакшы түшүнбөй калат. Ошон үчүн, менин оюмча, түнкү клубдарга барууну тыюу салыш керек же болбосо кээ бир эле күндөрү, чоң майрамдарда гана барыш керек деген сыяктуу талаптарды коюу керек.

Азыркы күндө түнкү клубдарга көп баргандан улам айрым жаштар Психикалык саламаттык борборлоруна кайрылып жатышат. Ушундай учурлар көбүнчө Европада жана Орусияда кездешет. Алардын эң негизги максаты - түнкү клубдарга көз каранды болуп калган жаштарга жардам берүү.

Бишкектеги Психикалык саламаттык борборунда иштеген психолог Ольга Ярованын айтымында, жаштар дем алыш күндөрү гана түнкү клубдарга барышса туура болмок:
Мен клубда эс алууну жакшы көрөм. Жаштыгымды азыр жакшы өткөрүп алышым керек.


- Азыркы күндө студенттер активдүү эс алганды жакшы көрүшөт. Мисалы, түнкү клубдарда, кафелерде. Мындай эс алуу дем алыш күндөрү болуп жатса – андан эч зыяны жок. Эгерде студенттер ар күнү ушинтип эс алышса, мунун албетте зыяны тиет: алардын жакшы эс алганга мүмкүнчүлүгү азаят. Бул алардын окууларына, психикалык абалына, активдүүлүгүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Албетте жаштар кандай жана кайсы жерде эс алаарын өздөрү чечишет. Бирок айрым эксперттердин пикиринде жаштардын мындай жайларда эс алуусу эч убакта өздөрүнө зыян алып келбеши керек.

Ошто оппозиция өкүлүнүн кызы уурдалды

Абдымамет Закиров, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук Саясий кеңешинин мүчөсү

30-мартта жергиликтүү оппозиция лидерлеринин бири Абдымамет Закировдун 17 жаштагы кызы - Чолпонайды окуу жайынан чыгып, үйүнө баратканда белгисиз адамдар чачынан сүйрөп машинага салып, уурдап кетишкен.

Бул туурасында анын шериги Ирода ата-энесине кабарлагандан кийин гана кыздын туугандары жана Ош шаардык милициясынын кызматкерлери бейтааныш кишилерге издөө салып, төрт сааттан кийин түштүк борборунун чекесинен кармашкан.

Чолпонай – 17 жашта, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук Саясий кеңешинин мүчөсү, жергиликтүү оппозиция лидерлеринин бири Абдымамет Закировдун кызы, түштүк башкалаасында жайланышкан Өзбек-кыргыз университетине караштуу каржы-кредит коллежинде окуйт. Анын айтымында, кечээ, саат түшкү 14.00 ченде, окуу жайынан чыгып, үйүн карай баратканда, өздөрүн милицияданбыз деп күбөлүгүн көрсөткөн бейтааныш адамдар уурдап кетишкен.

- Мерседес маркасындагы машина күтүүсүздөн маңдай жагыма токтоду. Ичинен сары киши түшүп, чачыман сүйрөп, арыктан аттатып өттү. Нарыраакта мени менен чогуу окуган Ирода аттуу теңтушум келаткан экен, аны карай жардам сурап кыйкырдым. Тигилер “Жолобо! Жашагың келеби? Кет!” деп аны да коркутушту, - деп эскерди Чолпонай Абдымамет кызы. - Мен ыйлап, кое берүүнү суранып, жалдырадым. Көнүшкөн жок. Сөйкөлөрүмдү сындырып, чачымды жулганча, күчтөп машинага тыгышты. Ичте “Сенин үстүңдөн арыз түштү. Эми соттойбуз. Атаңды тааныйбыз, жөн жүрсүн, болбосо башкача кылабыз!” дешти.

Чолпонай Абдымамет кызынын кебине караганда, ал өмүрүндө көрбөгөн үч жигит төрт саат бою аны мазактап, зомбулук көрсөткөн, а түгүл атасы беттегенинен кайтпаса, көзүн тазалай тургандыгын эскертишкен.

Чолпонай Абдымамет кызын белгисиз кишилер машинага күчтөп салып кеткендиги туурасында анын жолдо калган шериги Ирода ата-энесине кабарлаган. Ушундан кийин гана кыздын туугандары жана Ош шаардык милициясынын кызматкерлери бейтааныш адамдарга издөө салып, төрт сааттан соң түштүк борборунун чекесинен кармашкан.

Оштогу оппозиция жолбашчыларынын бири Абдымамет Закиров кызынынын уурдалышына криминалдык чөйрө менен жуурулушкан жергиликтүү бийлик күнөөлүү деп эсептейт.

- Жергиликтүү оппозиция лидерлери мындан бир апта мурун Ош облус губернатору Мамасадык Бакировго, түштүк борборунун мэри Мелисбек Мырзакматого кирип, “айрым мамлекеттик органдар криминалдашып кетти, биздин өкүлдөргө карата куугунтукту токтоткула!” деп айтканбыз. Адегенде губернатор, кийинчерээк мэр “үчүнчү күчтөр бар, ошолордон этият болгула?! Биз силерге эчтеке кылбайбыз” дешкен. Эми минтип мизибизди майтаруу максатында коркутабыз деп жатышса керек. Кармалган жигиттер колу менен кылганын, мойну менен тартышсын! Көрдүңөрбү, алар милициякананын ичинде туруп “Силерди, керек болсо, атып кетебиз!” деп ачык айтышууда. Демек, бийликтегилердин арасында ишенгени бар да,
- деген Абдымамет Закиров, канткен күндө да, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр пикирлештеринин мизин майтара албастыгын билдирди.

Ал эми оштук оппозиционерлер санаалашынын жашы жете элек кызынын уурдалышын жана зомбулукка кабылышын Абдымамет Закировдун саясий ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштырып жатышат.

- Анткени, Абдымамет Закиров – Кыргызстандагы белдүү оппозиционер саясатчы Дүйшөн Чотоновдун жакын досу жана кыйышпас классташы. Жергебиздеги оппозициячыл саясатчыларды аңдууларды жана куугунтуктоолорду уюштургандардын жетимиш-сексен пайызын мен билем, эгерде мындай арам ойлуу аракеттер токтотулбаса, дагы улантыла берсе, анда биз алардын аты-жөнүн эл-журтка жарыя кылабыз, - деди Элдик курултайдын Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы Төлөгөн Келдибаев.

Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыковго кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:

- Фактыга тиешеси бар үч жигит кармалды. Алардын алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, жигиттердин бири кыз менен сүйлөшүп жүргөндүгүн, 30-мартта аны ала качууга ниет кылгандыгын айтышкан. Бирок албетте, биз муну дагы дыкаат иликтейбиз. Эгерде бул балдардын күнөөсү аныктала турган болсо, аларга сөзсүз түрдө мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Акыркы сааттарда Ош шаардык милициясынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, 30-марттагы окуянын негизинде Өзгөн районунун тургуну, 27 жаштагы Бакыт Сариевге кылмыш иши козголуп, ал Чолпонай Абдымамет кызын уурдоону уюштурган деп айыпталууда. Калган экөөнүн үстүнөн оперативдүү иликтөө иштери жүрүүдө.

Ноокат окуясы жана кыйноо курмандыктары

Ноокат окуясы боюнча сот жүрүп жаткан учур. 14-май, 2009-жыл

Бишкекте бүгүн өлкөдө экстремизмге шектелип камалгандар кыйноолорго кабылганы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Анда 2008-жылы 1-октябрда Орозо айтта Ноокатта камакка алынгандардын укугу одоно бузулган бир топ фактылар айтылган. Укук коргоочулар Ноокат окуясына айыпталып камалгандарды кыйнаган милиция жана коопсуздук кызматкерлери жазаланмайынча кыйноолор улана берет деп тынчсызданышууда.

“Кыргызстандагы кыйноолордун курмандыктары: Экстремизм боюнча шектелип, камалгандардын укуктарынын бузулушу боюнча мониторингдин материалдары” деп аталган китепче бүгүн тегерек үстөлдө талкууланды. Иш-чарага катышкан укук коргоочулар Ноокат окуясында тыюу “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деген айып менен камалгандарга Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана милиция кызматкерлеринин аёсуз жасаган мамилеси, кылган кордугу тууралуу айтып жатышты.
Ноокат окуясы бүтпөй эле уланып атат...
Д. Ошурахунова

Ноокат окуясы боюнча мониторинг жасаган комиссиянын мүчөсү, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова куугунтук, кысым 2008-жылы 1-октябрда кармалып, камалгандарга гана эмес, алардын туугандарына жана башка элге бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлүп жатат деп билдирди:
"


- Ноокат окуясы бүтпөй эле уланып атат, анткени ушул окуядан кийин милиция кызматкерлери Ноокаттын тургундарын ички иштер бөлүмүнө чакырып, коркутуп-үркүтүп, акча алууну адат кылып алышты. Мына ушинтип коррупция болуп жатат. Тескерисинче алар кыйноолорду жүргүзгөнү үчүн жоопко тартылууга тийиш болчу, тилекке каршы андай болгон жок. Ошондуктан, мен айрым укук коргоочулардын ошол кыйноо жүргүзгөн милиция жана коопсуздук кызматкерлеринин аты-жөнүн, сүрөтүн маалымат каражаттары аркылуу жана башка жолдор менен жалпы элге жарыялоо сунушун колдоого алам. Мындан башка арга калбай калды.

Эске сала кетели, 2008-жылы 1-октябрда Орозо айтта Ноокат районунун борбордук аянтына майрам уюштурууга уруксат берилбегенине нааразылык болуп, тополоң чыккан. Милиция чогулган элди кууп таратууга аракет кылып, натыйжада райондук администрациянын имараты талкаланган. Бул окуяга байланыштуу 32 киши камакка алынып, алды 17 жылга, арты 5 жылга эркинен ажыратылган. Алардын ичиндеги эки аял 7 жылдан камакка кесилген.

Ноокат окуясына байланыштуу камалган адамдар кармалган учурдан тартып, тергөө учурунда ар кандай аёсуз кыйноолорго туш болушкан. Аларды экстремисттик “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп айыптаган күч кызматкерлери бүгүн чыныгы экстремисттерди аныктоону билишпейт дейт “Ачык пикир” коомдук уюмунун башчысы Дмитрий Кабак:
Ноокат окуясы уланып кеткенде 1990-жылдагы каргаша кайталанмак...
М. Конгантиев

- Алар айтышат: Экстремист деп шектелгендер баштарын чүмкөгөн жоолук салынып, күнүнө беш маал намаз окушат. Алардын “аллах акбар” деген коркунучтуу сөзү экстремист экенинен кабар берип турат, деп мына ушундай оюн тилекке каршы Башкы прокуратуранын кызматкери Жогорку сотто Ноокат окуясы боюнча иш каралып жатканда билдирген. Ушундай кызматкерлер кантип экстремисттерди аныктай алат?

Ноокат окуясы адилет тергелип, айыптуулар тиешелүү жазасын алышкандыгын ички иштер министри М. Конгантиев Ынтымак Курултайында билдирген:


-Ноокат окуясында кармалган адамдар баары экстремисттик топто каттоодо турган адамдар. Ноокаттагы окуя башталган ошол эле учурда Кара-Суу, Ош, Өзгөн, Базар-Коргондо, Жалал-Абатта жана Сузакта ушундай окуя болушу керек деп алдын ала уюштурулган болчу. Эгерде бул окуя уланып кеткен болсо, Ош, Кара-Суу, Өзгөн шаарларында 1990-жылкы каргаша кайталанмак.

Кыргызстан кыйноолорго каршы мыйзамды 2003-жылы кабыл алып, бул кылмыш жаза кодексине киргизилген. Укук коргоочулар бул мыйзам бар болгону менен иштебей жатканын белгилеп келишет. Жогорку соттун судьясы Низамидин Азимжанов болсо шектүү деп кармалган кишини камоого санкция берүү сотко жүктөлгөнү дал ушул кыйноолордун алдын алуу максатында ишке ашырылган деп белгиледи тегерек үстөлдө:

- Мына ушул максатта шектүү деп кармалган адам 24 сааттын ичинде сотко алынып келиниши керек деп, Башмыйзамга атайын берене киргизүү сунушталган. Анткени иликтөөлөр кармалгандарды уруп-кыйнап, күнөөнү мойнуна алдыруу аракеттери алгачкы 24 саат ичинде жүргүзүлөрүн көрсөткөнү айтылат. Бирок азыркы кылмыш жаза кодекси боюнча шектүү кишинин айыбын мойнуна коюп, камакка алууга 48 саат берилет. Биз азыр муну жокко чыгарып, 24 саатты калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатабыз.

Ноокат окуясынан башка да Кыргызстанда кыйноолор күч болуп жатканы тууралуу укук коргоочулар доолбас кагып келишет. Бул маселе менен Акыйкатчы институтунда атайын жумушчу топ иш алып барат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча аныкталган фактылардын изи күч органдарынан ары жоголуп кетип жатат.

Кыргызстанда акыркы төрт-беш жылдан бери жабык мекемелерде кыйноолордон 6 киши каза тапкан. Мындан тышкары кыйноонун азабынан ден соолугунан ажырагандардын саны ондоп саналат дешет укук коргоочулар.

Алыкулга арналган ыр кече

Алыкул Осмоновдун үй-музейинин ички көрүнүшү.

30-мартта Улуттук китепканада акын Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналган поэзия кечеси өттү. Бул кече Алыкул Осмонов 95 жашка чыккан бу жылдагы алгачкы иш-чара.

Кыргыз Улуттук китепканасында белгиленип жаткан Кыргыздын таланттуу акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналган адабий кече акындын китепкананын алдында турган эстелигине гүл коюу менен башталып, китепкананын адабият залында белгилүү акындар, жазуучулар, маданият кызматкерлери Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы тууралуу ой-пикирлерин айтышты.

Белгилүү акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагын Акматбекова акындын “Бир билинбей өтүп кетет окшоймун, Бир кеченин жаап өткөн карындай” деген саптарын келтирүү менен, көп жылдардан бери 21-март - Алыкул Осмоновдун туулган күнү ага арналган иш-чарасыз, гүмбөзүнө барып гүл коюусуз, коомдук эскерүүсүз өтүп келатканын капалануу менен белгилеп, акындын калеминин башкалардан өзгөчөлүгүнө төмөнкүчө токтолду:

- Алыкулду айрым замандаштары өзүмчүл, кара мүртөз, элге кошулбаган “түнт” эле деп эскеришкени бар. Ырас, Алыкул көпчүлүктөн, той-топурдан алыс болгон. Жакын жоро-жолдошу да аз болгон. Ырас, Алыкул “карышкыр” менен да, “түлкү” менен да дос боло албайт болчу. Ошондуктан ал өзгөчө талант. Жалгыздыктан ал өзүнө, өзү аркылуу дүйнөгө терең баам сала алган. Анан дарты да аны жалгыз болууга түрткөн.

Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишевдин пикиринде Алыкул Осмоновдун таланты ачылбай кетти. Себеби Алыкулдун Кудайдан келген таланты советтик адабияттын соцреализминен кысылган:

- Мисалы социалисттик реализм Аалы Токомбаевдин, Михаил Шолоховдун чыгармачылыктарынын табиятына кандайдыр туура келип турат. Алар соцреализмдин негизинде мыкты чыгармаларды жазышты. Ал эми Алыкул болсо, андай ар замандык методдорго батпаган акын эле.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун пикиринде Алыкул Осмоновдун күндөлүгү, каттары жакшы изилдене элек.

Ал эми бир катар чыгармачыл уюмдар тарабынан айтыла келген сөздөр “арык аттап, суу кечпей жатат”. Мисалы, 21-мартта Алыкулга 95 жыл толгон күнү эч кандай иш-чара өтпөдү.

Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына арналып, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун “Алыкул сүрөттө” сүрөт сынагы өтмөк. Жаш акындардын “Алыкулдун ак боз ат” республикалык фестивалы уюшулмак болчу, бул да өтө элек.

Бирок “Алыкул” фондунун төрагасы Памирбек Казыбаевдин жетекчилиги менен кийинки жылдары бир топ иштер жасалууда. Мисалы, Алыкулдун Чолпон-Ата шаарында үй музейи ачылды. Бишкектеги үй музейи оңдолуп-түзөлдү.

Тандалган чыгармаларынын үч томдугу акындын кол жазмасынын негизинде басылып чыгып жатат.

Абактагылардын укугун коргоодо ЕККУнун ролу чоң

Адам укуктарынын абалы, абактагылардын укугу тууралуу Оштогу “Соломондун нуру” аттуу коомдук бирикменин жетекчиси Садыкжан Махмудов “Азаттыкка” маек курду.

- Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык документтерге кол коюп, өзүнүн мыйзамдарын жакшыртып жатат деп айтылып келет. Иш жүзүндө чын эле кыйноолор азая баштадыбы?

Садыкжан Махмудов: «Соломондун нуру» уюму 2001-жылдан бери Ош, Баткен облустарынын абактарында мониторинг өткөрөт. 2009-жылы ЕККУ аркылуу долбоор боюнча Ош, Баткен облустарында тергөө абактарында мониторинг жүргүзүп келдим. Ал жерден түшкөн арыздар боюнча иштедик. Бардыгы болуп 120 арыз түштү, ошонун ичинен 22 арыз зордук-зомбулук, кылбаган кылмыш ишин кылды деп өткөргөн боюнча арыз түштү.

Ошондой эле тергөө абактардан түшкөн. Эки-эки жарым ай өткөндөн кийин эч изи калбайт. Кыйын болду. Алты иш боюнча өткөн жылы биз Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Көп иштерде тосмо арыз алышат.

Эми абактарда отурган адамдарга тосмо алыш анча кыйын эмес. Себеби оперативдүү иштеген адамдар убактылуу кармап туруучу жерлерге киришкен, ал жерде иштешке укугу бар. Тосмо арыз менен иштерди кыскарттыруу болуп атат.

- Абактардагы кыйноолорду азайтууда жарандык коомдун ролу кандай?

Садыкжан Махмудов: Мурда 2005-жылга чейин мындай иштер көп болгон. Адамдар кимге кайрылышты билбей, же өз укугу бузулганын билбестен тийиштүү органдарга кайрылышкан эмес.

2005-жылдан кийин көп адамдар кайрыла баштады. Азыр өсүш тенденциясы байкалууда. Андан тышкары коомдук уюм ар дайым ушундай жерлерде мониторинг өтүп, карап туруш керек. Андай карап турбаса ал жерде эмне болуп атканын эч ким билбей калат.

- Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму кыйноолорду азайтуу боюнча кыргыз бийлигине колдоо көрсөтүп келет. Мындай пайдалардан майнап, натыйжа чыгып жатат деп ойлойсузбу?

Садыкжан Махмудов: ЕККУнун жардамы менен 2004-жылдан бери биз уюмдагы иштерди алып барганбыз. Ал жерде отурган адамдардын жашоо шартын жакшыртканга аракет кылган. Мисалы, Араван районунда, Ош, Кара-Суу, Өзгөн убактылуу кармоо жайларында бир катар практикалык иштерди кылып, аянтчаларды куруп берди.

Экинчиден, ошол жерде отурган адамдардын укугун коргоо керек. Бизде адвокаттар көйгөйлөрү бар. Тергөөчүлөр өздөрүнүн адвокттарын чакырып кол койдуруп, документтерди мыйзам катары кошуп коет. Ушул иштер боюнча ЕККУнун жардамы менен башка адвокаттардын ишине акчасын төлөп берет. Ушул боюнча чоң иш алып баруудабыз.

- Бүгүн Бишкекте Ноокатта 2008-жылы болгон окуяга байланыштуу камакка алынгандардын укугу бузулган фактылар боюнча иликтөө чыгып, ошонун бет ачары болгон атат. Соңку учурда кыргыз бийлиги экстремизм, терорризм менен күрөшүүдө адам укугун бузган учурлар көп болуп атат деп Азиза Абдрасулова айтып келет.

Садыкжан Махмудов: 2008-жылы октябрда Орозо айттан кийин Ноокат районунун борборунда бул иш өткөн. Мен да адвокат катары эки адамдын укугун коргоп, жактоочу болуп бул ишке катышкам. Машрапов деген ата-бала 1-октябрь айт күнү талаага саат тогузда чыгып кетишкен. Бирок уулуна 6 жыл, атасына 14 жыл мөөнөт берген.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттык+": Миграция жана укук

“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы миграция агымына жана чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктардын укуктарына, абалына арналды.

Орусиядагы кыргыз мигранттары саны боюнча бешинчи орунда турат. Ал эми сапаттык көрсөткүчү кандай? Кыргыз мигранттары интеллектуалдык деңгээл талап кылынган жерлерде иштей алышабы? Чет өлкөгө жаштардын кетишине бир гана жумушсуздук таасир берип жатабы же бул Кыргызстанда өз алдынча аракет көргүсү келбеген жаштар арасында модага айландыбы?

Чет жерде жүргөн мигранттар өкмөттүн кандай жардамына муктаж? Азыр Орусияда эле таштанды кыргыз балдарынын саны өсүп жатат деп жатышат. Буга эмне себеп? Мигранттардын үй-бүлөсүнүн бузулушу улуттук көйгөйгө айланып баратат. Аны токтотуу үчүн өкмөт, коомчулук тарабынан кандай аракеттер зарыл? Чет жерде жүргөн мигранттардын балдарынын окуусу, тарбиялануусу үчүн кандай шарттар зарыл жана алар кимдер аракет көрүш керек? Мына ушул жана башка суроолорго “Азаттык+” жооп издеди.

Миграция жана укук. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:59 0:00



Миграция жана укук. 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:56 0:00



Миграция жана укук. 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:38 0:00

Атай Өмүрзаков: Чакыруулар көп, бирок Кыргызстандан кетпейм

Атай Өмүрзаков "Азаттыктын" студиясында.

Орусиянын Биринчи канал аттуу негизги сыналгы каналындагы “Даңазанын бир мүнөтү” (Минута славы) сыналгы берүүсүнүн катышуучусу Атай Өмүрзаков 29-мартта президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болду.

Курманбек Бакиев Атай Өмүрзаковго эки бөлмөлүү батир убада кылды.

“Азаттык”:
Жаңы конушуң менен куттуктайбыз. “Атай мыкты төрт катышуучунун арасына кирбей калды, өзгөрткүлө” деген да маселе чыкканын айтышууда. Ушул тууралуу айтып берсең?

Атай Өмүрзаков: Биринчи каналдын интернет барагында берүүнүн уюштуруучуларына “Атайды киргизгиле” деп жазып жатышат. Режиссер бул пикирлерди угуп көрүп, азыр оюндун шарттарын өзгөртүү керекпи деп ойлонууда.

“Азаттык”: Атай он мыкты катышуучулардын катарына кирген. Бирок төрт мыкты катышуучулардын катарына кошулбай калган. Анткени ошол финалга чыккандардын арасынан бирөө гана тандалган жана Атайды эмес, башка эгиз балдарды тандашкан эле. Эми болсо интернеттеги көрүүчүлөр “Атай мыкты, ошол болсун” деген сунуштарын киргизишүүдө. Сенин бийлериң эмне деп аталат? Стили кандай?
Жакында Москва шаарында бүткүл дүйнөлүк бий фестивалы болот, ошого чакыруу алдым.


Атай Өмүрзаков: Он беш жаштан бери бийлейм. “Электр буги” деп аталат. Бирок мен бул стилге башка өзгөчө пластикалык кыймылдарды, образдарды, өзгөчө номерлерди кошуп жатам.

“Азаттык”: Он беш жашыңан эле баштадыңбы же ага чейин эле ийримдерге барчу белең?

Атай Өмүрзаков: Мен бийди кыздарга ылайыктуу деп анча жактыра берчү эмесмин. Бала бийлесе уят, кыздар эле бийлейт дечүмүн. Он төрт, он беш жаштарымда байкемдин бийлегенин видеодон көрүп калчумун. Аны жактырып өзүм да кызыгып кеттим. Өзүм да бийлеп, пластиканы чыгарып, машыгып кеткем.

“Азаттык”: “Даңазанын бир мүнөтү” берүүсүнө сенин тасмаңды ким жөнөттү. Ага кантип катышып калдың?

Атай Өмүрзаков: Ал идея өзүмдөн чыккан, эң башынан эле досторум берүүгө катышпайсыңбы деп айтып калышчу. Байланыштарын издеп, видео жиберсем болобу деп алар менен сүйлөшүп калдым. Анан ошентип эле тасманы жөнөтүп калдым, аны режиссер көрүп, абдан жактырып, тандап алды. Режиссер да ушундай образдарга кызыкчу экен. Жактырып калды.

“Азаттык”: Келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу инсандардын бирисиң. Эми алдыга койгон максаттарың кандай? Башка өлкөлөрдөн чакыруулар келдиби?
Мен бийди кыздарга ылайыктуу деп анча жактыра берчү эмесмин. Бала бийлесе уят, кыздар эле бийлейт дечүмүн.


Атай Өмүрзаков: Албетте азыр чакыруулар көп келип атат. Максаттарым эң жакшы. Ири фестивалдарга чакыруулар келип атат. Жакында Москва шаарында бүткүл дүйнөлүк бий фестивалы болот, ошого чакыруу алдым. Андан кийин дүйнөлүк чемпионатка, Европадагы чемпионатка да чакырып атат. Учурда ошолорго даярданып атам.

“Азаттык”: Демек келечекте башка өлкөгө барып, ал жакта калып калышың мүмкүнбү?

Атай Өмүрзаков: Жок, калышым мүмкүн эмес. Мен Кыргызстандан кетким келбейт. Бирок жакшы сунуштар Кыргызстандан келбей жатат. Ошон үчүн иш боюнча балким барып калам, бирок азырынча эмес. Жарым жылдай, бир жылдай Кыргызстанда эле болом.

Атай Өмүрзаков: Жеңишке карай узак жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

31-март: Тарых барактары

Эйфел мунарасы 1889-жылдын 31-март күнү салтанат менен ачылган.

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун туруктуу иштей турган Аткаруу Комитети 1925-жылдын 31-март күнү ишке киришкен. Жаңы куралган Облустук Аткаруу комитетте адегенде 11 адам үчүн штат ачылып, биринчи төрагалык кызматка Абдыкадыр Орозбеков дайындалган.

А. Орозбеков Маргалаң уездиндеги Охна кыштагында жарык дүйнөгө келип, анын кедей-дыйкан үй бүлөсүнөн чыккан теги Совет бийлигинин таптык саясатына дал келген. Облустук Аткаруу Комитетте негизинен жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмгектенген менен облустагы бардык маселе Кыргыз облустук партия комитетинде чечилген. Мындан улам Облустук Аткаруу Комитети кийин партиялык диктатка нааразылыгын билдирип Москвага кат жолдогон.

Кыргызстан профсоюздарынын I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 31-март күнү өткөн. Профсоюздардын жыйыны Пишпек шаарында өтүп, ага өлкөнүн булуң-бурчтарынан келген 109 делегат катышкан. Профсоюздардын I Уюштуруу курултайында Кыргызстандагы профсоюздук кыймылды жайылтуу, туруктуу иштей турган комитет куруу сыяктуу маанилүү маселелердин тагдыры чечилген. Кийин бул дата Кыргызстан профсоюздарынын күнү катары кабыл алынып, анын 50 жылдык юбилейи 1975-жылы белгиленген.

Фрунзе шаарынын партиялык активи 1940-жылдын 31-март күнү борбор калаанын төмөнкү аймагында орун алган торфту калктын керектөөсү үчүн пайдалануу туурасында чечим кабыл алган.

Улуу Ата мекендик согуш маалында фронттогу жоокерлердин рухун көтөрүү максатында улуттук дастандарды жарыялап, калк арасындагы каармандарды даңазалоо туурасында чечим чыккан.

Партиялык көрсөтмөгө ылайык кыргыз калкынын «Манас» дастаны аталган тизмеге кирген. «Манас» дастанын изилдөө ишине айтылуу советтик окумуштуулар тартылып, 1946-жылдын бул күндөрү Кыргызстан илим коомчулугу изги саамалыкты өрнөктүү өткөрүү камылгасын көрүүгө киришкен.

«Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө камылгасы таанымал тарыхчы А. Н. Бернштамдын аныктоосуна ылайык жүргүзүлгөн жана анын фактологиялык далилдөө ишине советтик окумуштуулар тартылган. Анын натыйжасында С. М. Абрамзондун “Героический эпос «Манас» - памятник киргизской литературы” аттуу макаласы 1946-жылдын 31-март күнү жарык көргөн.

Америка Кошмо Штаттарынын айрым бөлүгү калктын социалдык укугу үчүн күрөшкөн Цезарь Чавестин күнүн 31-мартта белгилешет. Цезарь Чавес айыл чарбасында иштеген эмгекчилердин коомдук укугун коргоого салым кошкон жана өмүрүн ал күрөшкө арнаган адам болгон.

Иван Данилович Калита 1340-жылдын 31-мартында дүйнөдөн кайткан. Иван Данилович эбегейсиз байлыгы жана жанында салып жүргөн капчыгынан улам «Калита» деген ылакап ысым алган. Өкүмдар кайыр сураган адамдарга жок дебей, капчыгында болгон акчаны кармата берчү экен. Иван Калитанын тушунда Русь өлкөсү биригип, кубаттуу мамлекетке айланган.

Англис деңиз саякатчысы Жеймс Кук 1770-жылдын 31-мартында Жаңы Зеландияны изилдеп чыгып, анын арал экендигин аныктаган соң, Австралияга карай багыт алган.

Квебек менен Монреал 1831-жылдын 31-март күнү шаар макамын алышкан.

Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфел мунарасы 1889-жылдын 31-март күнү салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфел темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон.

Франция мамлекети 1900-жылдын 31-мартында аялдар жана балдардын жумушчу күнүн 11 саат менен чектеген мыйзам кабыл алган.

Биринчи «Мерседес» унаасы 1901-жылдын 31-мартында завод конвейеринен чыккан. Унаа Готлиб Даймлердин кызынын урматына анын ысмын алып «Мерседес» аталган.

Америка Кошмо Штаттары 1918-жылдын 31-мартында жайкы убакытка өткөн.

Бенито Муссолини 1923-жылдын 31-мартында Италиядагы жумушчу күнүн 8 саатка кыскарткан.

Карел-Фин ССРи 1940-жылдын 31-мартында 12-советтик республика макамын алган.

Совет өкмөтү 1955-жылдын 31-мартында Дрезден галереясын ГДР мамлекетине кайтарып берүү туурасында чечим кабыл алган.

Советтер Союзунун экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногон Машина-трактордук станциялар (МТС) 1958-жылдын 31-мартында жоюлган.

Франция 1966-жылдын 31-мартында НАТО аскердик уюмунан чыга тургандыгы жөнүндө Меморандум жарыялаган. Меморандумда Түндүк Атлантика келишимине караштуу штаб жана аскер кызматтарын Франциядан чыгаруу талабы коюлган. Советтер Союзунда буга чейин француз диктатору катары сыпатталып келген Шарл де Голл бир заматта СССРдин досу атыккан. Шарл де Голл туурасында «Юманите» гезитиндеги карикатуралар менен макалаларды советтик маалымдоо каражаттарында жарыялоого тыюу салынган.

Канаданын Торонто шаарындагы мунаранын курулушу 1975-жылдын 31-мартында 555, 35 метрге жетип, ал дүйнөдөгү эң бийик курулуш аталган.

КПСС Борбордук комитетинин башкы катчысы Л. И. Брежневге 1980-жылдын 1-апрелинин алдында адабият багытындагы Лениндик сыйлык тапшырылган. Жашы өргө тайып, андан да буга чейин жазмакердик шыгы билинбеген генсектин «Кичи жер» жана «Кайра жаралуу» китептерин «жазгандыгы» коомчулуктун бүйүрүн кызытып, калк арасында «чыгармалар» ар түркүн жоромолдорду жараткан.

Франциянын НАТО уюмунан чыгышына байланыштуу аскердик бирикменин баш кеңсеси 1967-жылдын 31-мартында Парижден Бельгиянын борбору Брюсселге которулган.

Футбол боюнча төрт мамлекеттин курама командаларынын Батыш Берлин шаарында өткөн мелдешинде Советтер Союзунун тандалма командасы 1988-жылдын 31-мартында Аргентина командасын 4:2 эсеп менен уткан.

Башкир АССРи 1992-жылдын 31-мартында Орусия Федерациясынын курамындагы Башкортостан Республикасы болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстандык укук коргоочу Дүйшөмбү шаарында кармалууда

Оштогу “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапиров Тажикстанда кармалып турган кесиптешинин өмүрү кооптуу абалда деп эсептейт. (Сүрөттө Р. Гапиров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. )

Тажик баш калаасында УКК тергөө абагында кармалып турган Н. Ботокозуев 2008-жылдагы Ноокат тополоңун уюштурган деп айыпталууда. Санаалаштары ал сурак учурунда кыйноого кабылганын айтып жатышат.

Ошол эле учурда укук коргоочуну Кыргызстанга кайтаруу аракети жасалып жаткандыгы, мындай болгондо Ботокозуев кеминде он жылга эркинен ажыратылаары айтылууда.

2008-жылдын 1-октябрындагы Ноокат тополоңунан кийин Оштогу “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун кызматкери Нематилла Ботокозуевге уюштуруучу катары кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Буга дейре жергиликтөө милиция укук коргоочуну өлкөдө тыюу салынган “Хизбут-тахрир” диний партиясынын мүчөсү деп айыптап, ага карата катаал чара көрүлөөрүн эскерткени бар. Ошондон тарта ар жерде жашырынып жөргөн Нематилла Ботокозуев ушул жылдын 26-февралында БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын Душанбе шаарындагы кеңсесине барып, башпаанек сурап качкын макамын алуу максатында документ даярдап жүргөндө Тажикстандын чекисттери тарабынан кармалып, улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизилген.

“Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров алардын ишенимдүү адамы уюмдун абактагы кызматкерине жолуккандыгын “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Учурашканда Ботокозуевдин абалы өтө оор болгон. Аны катуу сабашкан. Менин оюмча, аны электр тогуна салышкан окшойт. Себеби көргөн адамдын сөзү боюнча Ботокозуевдин бир дагы кара чачы калбаптыр, чачы аппак болуп калыптыр. Анын өмүрү кооптуу болуп турат.

Ноокаттагы нааразычылык акциясынын уюштургандардын бири Икрамжан Исаков Орозо Айтта чыр тутанып, тополоңго айланышына бийлик күнөөлүү деп эсептейт.

- 2008-жылы сентбярь айынын этегинде эки миңге чукул киши кол топтоп, Ноокаттын акими Алиевге кайрылганбыз. Тилекке каршы, райондук бийлик алардын суранычын четке кагып, Орозо айтты борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салгандыктан, эл өзү көтөрүлгөн. Аларды эч ким үгүттөгөн эмес. Миң чакты адам нааразычылыгын билдирип жатып, милициянын ур-тепкисинде калган. Кээ бири жаракат алып, күч менен таратылган. Ишенчиликтүү айта алам, акцияга катышкандардын, аны уюштуруучулардын биринин дагы “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик партиясына тиешеси жок болчу.

Мындай бүтүмгө Ноокаттын ошол кездеги акими Абдыганы Алиев таптакыр кошулбайт:

- Булар биздин бийликке кол салып атат. Менин оюмча бул “Хизб-ут Тахрирдин” адамдары. Булардын лидерлерине атайын прокуратура, РИИБ, УКК тарабынан алдын-ала эскертөөлөр берилген. Алар менимче үйүндө жатып алып туруп буларды тукуруп атышат. Булардын жетекчилерине, уюштургандарга катуу чара көрбөсөк, булар күч алып кете бериши мүмкүн.

Ал эми бир катар дүйнөлүк жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары акыркы кезде качкын макамын сурап жүргөн кыргызстандык укук коргоочуну кайрадан Мекенине кайтаруу аракеттери жасалып жаткандыгын айтышып, мындай болгондо Нематилла Ботокозуев кеминде он жылга эркинен ажыратылаарын белгилешүүдө. Ошондуктан, алар Тажик өкмөтүн Бириккен Улуттар уюмунун талаптарын аткарууга жана оштук укук коргоочунун өмүрүн сактап калууга чакырышууда.

Кайрадан кепке аралашкан “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров эл аралык уюмдардын кагаз жүзүндөгү кайрылуусунан майнап чыкпастыгын ачыктады:

- Эл аралык уюмдардын колунан эч нерсе келбейт. Булар официалдуу сурап коет, укук коргоо органдарында андай жок деп коет. Ушуну менен алардын иши токтойт.

Ошентсе да, Ош облустук укук коргоо органдары Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын Душанбе шаарындагы абагында кармалып жаткан кыргызстандык укук коргоочу Нематилла Ботокозуев тууралуу эч кандай маалымат жоктугун билдиришти.

Сөз эркиндигинин абалы оорлоп баратат

"Азаттыкты" коргоо кыймылынын пикети, 2010-жылды 30-марты.

“Азаттык” үналгысын жалпы Кыргызстанга эркин уктуруу талабы дагы деле уланууда. “Азаттыкты” коргоо кыймылы бүгүн Акыйкатчынын борбордук кеңсесинин алдына пикетке чыкты. “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларын чыгарууга Биринчи май райондук соту убактылуу тыюу салган.

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров Акыйкатчы институтунун алдына буга чейин да пикетке чыгып, кат аркылуу кайрылган. Бирок Акыйкатчынын берген жообуна канааттанган жокмун, дейт ал:

- Анткени ал УТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановдун катын эле тиркеп коюптур. Башка маани-маңыздуу деле сөз айтылбаган экен.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Замир Өмүрзак уулу бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун Петровка чатагы боюнча Москва райондук сотунда болуп жаткан соттук териштирүүгө кеткендигин маалымдады. Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев “Азаттык” үналгысынын УТРК жана башка менчик радиокомпаниялар аркылуу обого чыгарылбай жатканы боюнча Акыйкатчы тиешелүү жактарга кайрылганын билдирди:

-“Азаттык” үналгысынын уктурулбай калышы боюнча Акыйкатчы Турсунбек Акун көп жерлерге кайрылды, президент К. Бакиевдин өзү менен жолугушканда билдирди. Мындан тышкары Ынтымак курултайында да сөз болду. Биздин институт “Азаттыктын” маселеси боюнча президенттик аппаратка, президенттин катчылыгына да кат аркылуу кайрылганбыз. Азыр алардан жооп күтүп жатабыз.

“Азаттык” үналгысынын радиоберүүлөрүн уктурууну жана теледолбоорлорун көрсөтүүнү Улуттук телерадиокорпорациясы 2008-жылы токтоткон. Андан кийин жеке менчик радиокомпаниялар аркылуу обого чыгып келген “Азаттык” үналгысынын берүүлөрү үстүбүздөгү жылы 11-марттан тартып Бишкекте, 12-марттан бери Кызыл-Кыяда, Таласта, Нарында, кийинчерээк Ошто угузулбай калды. Менчик радиостанциялар буга бийликтин кысымы алдында барып жатканын билдиришкен.

Ал эми президенттин катчылыгы “Азаттыктын” обого чыгарбоо тууралуу бийликтен эч кандай буйрук болбогондугун билдирип, бул маселени иликтөөгө аларын маалымдаган. Аталган катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын башчысы Илим Карыпбеков жеке радиокомпанияларга жиберилген каттарга жооп келе электигин “Азаттыкка” бүгүн маалымдады:

-“Азаттык” үналгысынын обого чыгарылбоо себебин түшүндүрүүсүн өтүнүп, жеке менчик радиокомпанияларга кат жазып жибергенбиз. Азырынча алардын биринен да жооп келе элек. Айрым маалымат каражаттары жооп келгенин жазышыптыр, бирок бизге расмий түрдө жооп берише элек.

Байкоочулардын айтуусунда, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы акыркы убактарда оорлоп кетти. “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбековдун Элдик курултайдын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун жарыялаганы үчүн “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларын Башкы прокуратура сотко берип, мунун негизинде Биринчи Май райондук соту гезиттерди чыгарууга убактылуу тыюу салган.

25-мартта “Жоомарт” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев “өзүн бир жактуу каралап келатат” деген доомат менен барып, “Учур” гезитинин компьютерлерин талкалап салган. Муну Н. Мотуев өзү “Азаттыкка” тастыктаган:

- Ушундай болорун билип туруп баргам. Муну акция деп койсо болот. Аргасы кеткен кишинин акциясы деп койсоңор болот.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери гезиттин редакциясына келип, иликтөө иштерин башташкан. Бирок азырынча жыйынтык чыга элек дейт басылманын редактору Аслан Сартбаев. “Учур” басылмасы менен Н. Мотуевдин чатагына байланыштуу иш козголо электигин Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан да “Азаттыкка” маалымдашты.

“Азаттык” үналгысынын обого чыгарылбай жатканы жана эркин басылмаларга жасалып жаткан кысым Кыргызстанда сөз эркиндигинин көз көрүнөө басмырланып жаткандыгынан кабар берет деп маалымдайт “Журналисттер” коомдук биримдиги. Аталган биримдиктин координатору Мэри Бекешованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул сөз эркиндигинин таптакыр жок болуп кетүүсүнө алып барышы ыктымал:

- Байкап көрсөңөр, азыр жалаң бийликти сындаган басылмалар, маалымат каражаттарына кысым жасалып атат. Ал эми бийликтин айтканы менен болуп, алардын саясаты менен жашап жаткан маалымат каражаттарына эч кандай кысым, кол салуу жана башка болгон жок. Мунун баарын эле кокустук деп айтууга болбойт.

Ө.Токтонасыров: "Азаттык" үналгысы уктурулсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Словакия президентинин Кыргызстанга иш сапары

Чыгыш Европа ортосундагы Словакия

31-мартта Кыргызстанга Словакия президенти Иван Гашпарович расмий иш сапары менен келет. Бишкекте Кыргызстан - Словакия президенттеринин эки тараптуу мамиле-катыштарды чыңдоо, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышары күтүлүүдө.


“Прага жазынан” башталган баар

Социализм заманында Чехословакия өлкөсү катары кыргызстандыктарга жакшы тааныш Словакия мамлекети 1993-жылдын 1-январынан тарта өз алдынча түтүн булатып, 2004-жылдан бери Евробиримдикке мүчө. Өткөн жылдан Словакия Европанын бирдиктүү акчасын колдоно баштады. Чехиядан тынч-аман бөлүнүп алган бул мамлекеттин Кыргызстанга азыноолок окшошуп кетчү бир жагдайы да бар. Словакияда 5 миллион ашуун калк жашайт. Алардын 86% словактар, 10% мажарлар, калганын башка улут өкүлдөрү түзөт. Анын Кыргызстанга калк саны жагынан гана окшоштугу болбосо, саясий түзүлүшү, экономикалык өнүгүш ырааты жанындагы коңшу өлкөлөрдөй эле ырааттуулуктан тая элек. Ушу тапта кыргыз бийлиги жактырбай жаткан Батыш демократиясынын аркасы менен Словакия ыкчам өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы катарында баратат.

Европа комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жооптуу кызматкери Олаф Хейдельбахтын ырасташынча, өткөн жылкы Лиссабон келишиминен кийин бул жерде Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн атынан элчилик кызмат ачылып, ортодогу мамиле-катнаштарды өнүктүрүү аракетине киришти.

- Кыргызстан жалаң эле Европа биримдигине кирген өлкөлөр эмес, башкалар менен да байланышты чыңдоого кызыкдар. Өлкө өзүнүн жолун табышы керек. Европа тажрыйбасы да керек, бирок бул жердин өзүнүн тарыхы, тажрыйбасы, маданияты бар. Биздин бул жердеги долбоорлорубуз элдин турмушун, өлкөнүн экономикалык, демократиялык өнүгүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ойлойм. Ал тажрыйбаны колдонуу керек.


Европанын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кирген Греция, Португалия ушу тапта башынан кечирип жаткан оорчулуктар Словакияны кыйгап өттү. Иши кылып, мурунку социалисттик системадан бошонуп чыккан Европа өлкөлөрүнүн катарында Словакиянын жүргүзүп жаткан саясий-экономикалык саясатынын сабак алчу жактары биртоп.

Үйрөнүштүн уяты жок

Кыргызстан парламентиндеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Дамира Ниязалиеванын пикиринде, Кыргызстан Европа өлкөлөрүнүн демократиялык жаңылануу жолуна түшсө жакшы эле болмок.

- Мен ойлойм, эгерде биз башында мынабу постсоветтик республикалар биригип, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги бекем бойдон калып калсак, булар деле Евробиримдик болуп атышпайбы, бирин - бири кандай колдоп атышат, мисалы, Грецияны, бизди деле ошондой жөлөп-таясак КМШ республикаларынын турмушу жакшы болуп кетмек. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ар бирибиз бул жагдайдан өзүбүзчө чыгып атабыз.


Д.Ниязалиева постсоветтик республикалардын экономикалык өнүгүшү алардын канчалык деңгээлде демократияланышына байланыштуу экенин кошумчалады. Анын мисалы катары Чыгыш Европа менен Балтика боюндагы мурунку социалисттик республикалардын тажрыйбасын көрсөтсө жарашат. Словакия президенти Иван Гашпаровичтин Кыргызстанга расмий иш сапары бул жерде “кеңешме демократияга” кайрылуу демилгеси күчөп жаткан чакка туш келди. Словакия президенти Кыргызстанда балалыгы өткөн мурунку Чехословакия компартиясынын баш катчысы, 1968-жылкы “Прага жазын” баштаган Александр Дубчек жашаган үйгө, ошондо алгачкы кооператив кыймылын баштаган айтылуу “Интергельпонун” 85 жылдыгына эстелик такта орнотуу аземдерине катышмакчы.

- 1923-жылы “Интергельпо” идеясы чыгып, анан бул жакка келишип “Интергельпо” түзүшкөн. Бишкекке келишип устаканалар ачышкан. Негизинен жумушчулар, инженерлер, техниктер келишкен. Үй-бүлөлөрү менен, эки жүздөй киши,- дейт профессор Акылбек Жуманалиев.

Өткөн кылымдын башында Кыргызстанды өнөр жайлуу аймакка айлантуу демилгесин артынып келген мекендештеринин эстелигин урматтаган Словакия президентин коштоп биртоп ишкерлер да келишмекчи. Бул иш сапар эки күнгө созулат.

БУУнун башкатчысы Борбор Азиядагы кызматташтыкка кол кабыш кылат

Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Гин Мун ушул жана келерки апта ичи Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Бул – азыркы башкатчынын Борбор Азиядагы алгачкы сапары жана анын максаты аймактык кызматташтыктын жакшыруусуна жардам берүү экендиги айтылууда.

Нью-Йорктон жолго 31-мартта чыгып жаткан Пан Ги Мун Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең болот. Анын сапары учурунда негизги көңүл, башкатчынын өкүлүнүн айтымында, аймактык кызматташтык, өзөктүк куралды жайылтпоо, экология, суу бөлүштүрүү, энергия, климаттын өзгөрүүсү өңдүү маселелерге бурулары күтүлүүдө.

Пан Ги Мун адегенде эле Түркмөнстанга (1, 2-апрель) токтойт. Ашхабадда президент Гурбангулы Бердымухаммедов менен сүйлөшүү өткөргөндөн тышкары БУУнун Алдын алма дипломатия боюнча аймактык борборуна барат. Башкатчынын басма сөз өкүлү Мартин Несиркинин сөзүнө караганда, Пан Ги Мун Борбор Азия лидерлери менен алардын бирдей кызыкчылыгындагы, бирок кээде талаш-тартышка айланып кеткен маселелерди талкуулоону көздөөөдө:

- Бул аймактын өлкөлөрүнө башкача болгон шартта чыңалууга алып баруусу мүмкүн маселелер боюнча чогуу иштөөсүнө, кызматташуусуна жардам берүү дегенди туюндурат.

Борбор Азиянын талаштуу жана түйүндүү маселелеринин көч башында, албетте, суу-энергетика жана кээде адам өлүмүнө чейин алып келип жаткан чек аралардын аныктала албай жаткандыгы турат.

Пан Ги Мундун басма сөз өкүлү Мартин Несирки башкатчы аймакты кыдырган учурда ортомчулук ролду да аткарабы деген суроону комментарийлөөдөн баш тартты. Бирок суу жана энергетика маселелери аймактык кызматташтыктын алкагында караларын белгиледи:

- Мен алар эмне жөнүндө өзгөчө сүйлөшөрүн күн мурунтан айта албайм. Бирок мен айткан аймактык кызматташтык маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде суу ресурстары боюнча аймак канткенде бирге иштеше аларын да камтыйт.

Борбор Азиянын экологиялык системасы бузуларын жүйөө кылган Өзбекстан, маселен, Тажикстандын Рогун, Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу үчүн каршы чыгып келет. Расмий Ташкент мындай курулуштарды жүргүзүүдөн мурда сөзсүз эл аралык экспертиза өткөрүү зарыл деп эсептейт. Өзбекстандын турумуна жакында Ташкентте болгон учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев да колдоо көргөздү. Экспертизага каршы эмес экенин, аны Дүйнөлүк банк аркылуу жүргүзүүгө болорун жакындан бери кыргыз бийлиги да айта баштады.

Бишкектик саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Улуттар уюму мына ушул маселеде жардам бере алмак:

- Бул маселени Бириккен Улуттар уюму эксперттери аркылуу жардам көргөзүп, чечип берсе болот. Экинчиден, БУУнун конфликтерди алдын алуу боюнча жакшы механизмдери бар. Биз дагы биздин аймакка көңүл бурулуп жаткан учурдан пайдалануубуз керек. Бул жакшы жөрөлгө болуп жатат. Бирок БУУнун да опурталдуу жерлери бар. Көп бюрократташып кеткен уюм болгондуктан, айтылган сөздөр декларация бойдон калган учурлар арбын.

Суу-энергетика боюнча талаш-тартышына келгенде, өз турумун эл аралык коомчулукка жеткирүү үчүн БУУнун трибунасын соңку кездери Тажикстан менен Өзбекстан жигердүү пайдаланып келүүдө. Тажик премьер-министри Акил Акилов өткөн аптада эле Башкы ассамблеянын 64-сессиясынын алкагында “Суу жашоо үчүн” деген аталыш менен өткөн жыйынга катышкан учурунда Рогун ГЭСинин суу сактагычы ондогон жылдарда гана барып толорун жана андан экологияга эч зыян жок экенин айтып чыкты:

- Бул суу сактагыч сууну бир же эки жылда эмес, ондогон жылдар аралыгында толтурат. Менимче цивилизациялуу кызматташтык жүргөн шартта, суу-энергетика көйгөйүн бүткүл Борбор Азия элдеринин жыргалчылыгы үчүн чечүүгө болот.

Пан Ги Мун Түркмөнстандан соң Кыргнызстан (3-апрель), Өзбекстан (4, 5-апрель), Тажикстан (5-апрель) жана Казакстанда (6, 7-апрель) болгон учурунда президенттер менен кездешкенден тышкары парламенттерде сөз сүйлөйт же депутаттар менен жолугат. Ал ошондой эле аймактын экологиялык жактан кооптуу эки жери – Арал деңизи менен СССР учурунда өзөктүк курал сыналган Семейди (Семипалатинск) өз көзү менен көрүп кайтат.

Ксения Палкина “Наманган-2010” мелдешинин чемпиону болду

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина.

Өзбекстандын Наманган шаарында Challenger турниринин таймаштары аяктады. Анда Кыргызстандын намысын коргогон теннисчи Ксения Палкина атаандаштарын жеңип биринчи орунга татыды.

Ксения Палкина финалдык таймашта украиналык Анна Пивенди 3:6, 6:4, 6:4 эсебинде утуп алды. Ага чейин Палкина Греция, Жапония, Болгариянын теннисчилерин жеңүүгө жетишкен. Турнирдин байге фонду 25 миң долларды түзгөн. Эми Ксения Палкина 30-марттан тарта Москвада Challenger турниринин кезектеги таймашында мөрөй талашат.

Чоюн билек жаш балбандар тандалды

Оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Мелдеште өлкөнүн ар аймактарынан келген 120 балбан мөрөй талашты. Анда Нурис Куйкеев, Илгиз Ормонбеков, Сергей Долгалев, Дмитрий Сизых өз салмак категорияларында алтын медаль тагынды.


69 кг категориясында мөрөй талашкан Азия чемпионатынын коло медаль ээси Султан Молдодосов жалпы жонунан 279 кг салмакты багынтып, жаштар арасында Кыргызстандын рекордун жаңыртты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча курамага алдыңкы спортчулар тандалды. Эми алар Ташкенде өтө турган Азия чемпионатында мөрөй талашып, Сингапурда боло турган жаштар Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат.

Кыргыз шахматчыларын ийгилик жылоологон жок

Өзбекстанда өткөн Георгий Агзамовдун элесине арналган 4-эл аралык турнирден өлкө намысын жети спортчу коргоду. Анда Кыргызстан курамасынан Леонид Юртаев эң жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, жетинчи орунга татыды.

Асыл Сыдыков 39, Семетей Төлөгөнтегин 102, Михаил Марков 59, Нурдин Самаков 116-орунга ээ болушту. Мелдештин байге фонду 20 миң долларды түзүп, ага Орусия, Израиль, Нидерландия, АКШ баштаган ондон ашуун өлкөдөн шахматчылар катышты.

Эркин жана аялдар күрөш боюнча чемпиондор аныкталды

Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын алдыңкы балбандары тандалды. Эркин күрөштөн жети салмак боюнча 300дөн ашуун балбан мөөрөй талашып, Алтынбек Алымбаев, Улан Надырбек уулу, Иннакентий Иннакентьев, Илгиз Жакыпбеков, Айбек Усупов, Аслан Алиев, Аскер Эфендиев өз салмактарында чемпион аталышты. Ал эми аялдар таймашынан 80 кыз чемпиондук үчүн күч сынашып Айзада Жаналиева, Яна Панова, Гулина Кубатбек кызы, Нестан Кыязова, Мехренсо Нурматова, Элзат Сарыгул кызы чемпион аталды.


Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев чемпионат тууралуу буларды айтты:

- Биз Кыргызстандын бардык аймактарындагы спорт залдарга күрөшүүчү маталарды таратып бергенбиз. Ак-Талаада, Ат-Башыда, Баткенде жаңы күрөш борборлору ачылды. Бүгүнкү биринчиликте Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан да мыкты балбандар мөрөй талашууда. Жалпы жонунан 300дөн ашык спортчу күч сынашып жатат.

“Азаттык”: Чеберчилик жагынан спортчулардын көрсөткүчү кандай?

- Бүгүнкү чемпионатта аймактардан келген спортчуларды байкап жатабыз. Эми бул жердеги алдыңкы спортчуларды топтоп курама командага тартуу аракетин көрөбүз. Алдыдагы ири мелдештерде ушул чемпиондор өлкө намысын коргошот. Жакында Индияда Азиянын биринчилиги өтөт. Андан кийин Москвадагы дүйнө чемпионатына даярдык көрөбүз. Күз айларында төрт жылда бир өтчү Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргошубуз зарыл.

К. Түкеев: Эч бир мамлекет өзүн терроризмден толук коргой албайт

Жардыруу болгон "Парк культуры" бекети, Москва, 2010-жылдын 29-марты.

Москва шаарынын метросунун эки бекетиндеги кечээки жардырууларга байланыштуу Кыргызстандагы стратегиялык анализ жана прогноздоо институнун адиси Канат Түкеев “Азаттык" менен ой бөлүштү.

- 29-мартта Москвада болгон террордук чабуул Түндүк кавказдык террордук топтордун активдеше баштаганын кабар берет. Алардын бул окуяга тиешеси бар экени тууралуу ар кандай булактар тастыктап турат. Бул тууралуу Орусиянын коопсуздук кызматы, бир катар массалык маалымат каражаттары билдирди. Белгилүү болгондой, мындан мурдараак федералдык күчтөр Чеченстанда, Ингушетияда бир катар атайын операцияларды жүргүзгөн. Анын натыйжасында көмүскөдө жүргөн бир катар лидерлер жок кылынган. Ушул эки окуянын ортосунда байланыш болушу мүмкүн.

Менимче, иликтөө бул окуянын уюштуруучулары, аткаруучулары жана башка катышуучулары кимдер болгонун аныктаса керек. Бирок жардыруу болду. Бул террордук акт – Түндүк Кавказдагы жихаддын уландысы. Орус маалымат каражаттарында жанкечти аялдарды славян улутундагы эки аял коштоп жүргөн деген маалымат тарады. Алардын эч кимиси беттерин жашырган эмес. Бул террордук топтор өз катарына Орусияда жашаган улуттук азчылыктын эле эмес титулдук улуттун өкүлдөрүн тарта алышарын көрсөттү.

Бул террордук акт - коомдо бир катар олуттуу проблемалар бар экенин көрсөттү. Коомдун социалдык катмарларында террористтик уюмдар өз катарына тартуу үчүн иштеп жатканы аныкталды. Баарына эле белгилүү – терроризмдин тамыры экономикалык бейстабилдүүлүк, коррупция жана социалдык теңсиздик өндүү терс факторлор болгон шартта жайылып кетет.

- Бул жардыруунун кесепети эмнеге алып келиши мүмкүн? Ислам дининдегилерге, Түндүк Кавказ, Чечниядан келгендерге, ошондой эле Борбор Азиядан барган мигранттарга чабуул күчөп кетиши ыктымалбы?

- Бул окуя боюнча ар кандай коомдук реакция болушу мүмкүн. Исламофобия, ксенофобия, коомдогу улутчулдук маанай күчөшү мүмкүн. Бирок буга жооп иретинде да кайрадан террактар болушу мүмкүн. Мунун эч ким жокко чыгарбайт. Жашыруун топтордун пландары бар. Эч кандай мамлекет терроризмден өзүн толук коргой албайт.

- Рахмат маегиңизге

“Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы”

Бишкекте 29-мартта ачылган “Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” Эл аралык форумдун максаты – коңшулаш мамлекеттер ортосундагы маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жетишүү.

Дүйнөнүн 14 мамлекетинен өкүлдөр катышып жаткан “Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” эл аралык форуму Кыргыз өкмөтүнө караштуу Маданият агенттигинин, Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын жана эл аралык “Руханият” ассоциациясынын колдоосунда уюштурулду.

Аталган форумда алгач эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын төрагасы Нурлан Орозалин сүйлөдү:

- Тарыхы жана маданияты эң жакын Борбордук Азиянын – Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрү абалтан кошуналык жакын мамиледе жашап келишет. Бирок бул жакын өлкөлөр ушул кезге чейин айрым маселелерди биргелешип чечүү боюнча - мисалы, жер, суу, чек ара дагы башка маселелерди чечүүдө - бирдей келишимдерге келише элек.

Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстандын айрым жерлеринде улуттар аралык жаңжалдар болуп кетип жатат. Диний ажырымдар келип чыгууда. Мындай маселелер албетте түшүнүшүп сүйлөшүү менен гана чечилет. Форумдун эң башкы максаты – мына ушул.

Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын демилгечиси, алгачкы төрагасы, дүйнөлүк улуу жазуучу, улуу инсан Чыңгыз Айтматов болгон. Чыңгыз Айтматовдун урматына платформанын жетекчилиги “Айтматов” атындагы орденди негиздеп, өтүп жаткан Форумдун алкагында аталган орден менен алгач президент Курманбек Бакиев сыйланды.

Президент Курманбек Бакиевдин платформанын жетекчилигине ыраазычылыгын жыйында президенттин администрация жетекчиси Каныбек Жороев окуп берди.

Түркиянын улуттук улуу кеңешинин жыйынынын депутаты Илхам Кундуз "Ала-Тоого, ата-баба жериме келип турганыма абдан сүйүнөм. Түрктөр – алатоолук кыргыздардын урпактарыбыз" деп баштады:

- Албетте чечилбей келаткан маселелер көп. Ал маселелерди диалог, толеранттуулук жана түшүнүшүү жолу менен чечишибиз керек. Мындай маселелерди максатка ашырууда – учурдагы муун, жаштарыбыз көп жардам бериши керек. Мен бул максаттардын Борбордук Азияда гана эмес, жалпы Евразияда ийгиликтерге жетишерине үмүт артам.

Орусиянын мамлекеттик кеңешчиси, Калмыкия өкмөтүнүн инвестициялык саясат министри Камилжан Каландаров Бишкекте өтүп жаткан Форумдун бир эле Борбордук Азиянын эмес, жалпы планетанын проблемаларын талкууга аларына, мындан кийин да алган багытын улантаарына , достуктун бир эл аралык аянтына айланаарына орусиялыктар ишеним байларын билдирди:

- Союздун кулашы менен бир топ проблемалар өсүп чыкпадыбы. Баары эле бизге жакшы ою менен келип жатышпагандыр... Бирок, Кудайга шүгүр, Евразиянын коопсуздугу, келечек жана калктардын маданияты үчүн ою жакшы адамдар, өлкөлөр жок эмес.

Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын Кыргызстандагы өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Асан Ормушев мамлекеттер аралык мамилелерди элдин интеллектуалдык катмарынын өкүлдөрүн катыштыруу менен чогуу чечүүбүз зарыл деген пикирде:

- Орто Азиянын – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркменстан өлкөлөрүнүн ортосунда учурда суу, энергетика, жер, газ маселелери боюнча чечилбей келаткан проблемалар көп. Алдыда аталган маселелер боюнча талкуулар жүрүп, биз сүйлөшүү жолу менен ички маселелерди ийгиликтүү чечебиз деп ойлойм.

“Борбордук Азия – диалогдун жана кызматташтыктын аймагы” форумунун катышуучулары 30-мартта андан ары ишин улантуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG