Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 01:11

Кыргызстан

Баатырды эскерген эл аралык мелдеш аяктады

Мелдештин жүрүшүнөн.

30-январда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерген бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Бишкекте 26-январда башталган эл аралык бокс мелдешине Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын булгаары мээлей чеберлери катышты. Кыргызстандын бокс боюнча башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, бул мелдештин жеңүүчүлөрү күзүндө Бакуда өтө турган чемпионатына барып, Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышат.
Мелдештин жүрүшүнөн

Мелдеште эң жеңил салмакта баш байге үчүн өзбекстандык Расул Жураев менен кыргызстандык Асылбек Назаралиев беттешип, Асылбек упайдын айырмасы менен жеңүүчү деп таанылды. 52 кг. салмакта дагы кыргызстандык Азат Усеналиевдин чеберчилиги бааланып, баш байгеге арзыды. 56 кг. салмактагы финалдык таймашууда ысыккөлдүк Медер Мамакеев менен таластык спорт чебери Өмүрбек Малабеков беттешип, бул ирет Өмүрбек жеңип, алтын медаль тагынды. 60 кг. салмакта кыргызстандык Адылжан Боронов баш байге үчүн казакстандык Мейирман Каликулов менен рингде күч сынашты. Натыйжада Адылжан жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, күйөрмандардын урмат-сыйына арзыды. 64 кг. салмактын жеңүүчүсү 16-Азия оюндарынын катышуучусу, кыргызстандык Эрмек Сакенов болду.

Эрмек Сакенов кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдой Кыргызстанды таанытсам, олимпиада чемпиону болсом деген тилегин “Азаттыкка” билдирди.

69 кг. салмак боюнча кыргызстандык спорт чебери Максат Алибаев эл аралык мелдештин баш байгесине татыктуу болду. Ал финалда өзбекстандык Хуршидбек Норматовду артыкчылык менен жеңип алды.

Атланта жана Сидней олимпиадаларынын катышуучусу, эл аралык спорт чебери Нурбек Касенов келечекте Максат Алибаев Кыргызстанды тааныткан бокс чебери болоорун “Азаттыкка” айтып, анын чеберчилигине жогору баа берди.

75 кг. салмакта өзбекстандык Ойбек Мамазулунов кыргызстандык Нурсултан Осмоновду утуп, жеңишти камсыз кылды. 81 кг. салмакта өзбекстандык Мухаммад Саидов биринчи орунду ээледи. 91 кг. салмактын баш байгесине өзбекстандык спорт чебери Рустам Тулаганов ээ болду. Ал финалда кытайлык Куаныш Асхатты утуп алды.

Оор салмактагы бокс чеберлеринен финалда кытайлык Юсан Нижад менен өзбекстандык Изатулло Эргешов беттешип, үч раундда тең Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, кытайлык Юсан Нижад чеберчилигин көрсөтө алды.

Бул мелдеште үч жолу баш байгени утуп алганын, Кыргызстан менен Кытайдын бокс тармагында кызматташуу жакшы жолго коюлганын Юсан “Азаттыкка” айтып берди.

1974-жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Нурбек Касенов, Таалай Кадыралиев, Айбек Абдымомунов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Кеңеш курамы учурунда бул мелдештин кадыр-баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен. Кийинки үч-төрт жылдан бери мелдеш кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштаганын казакстандык устат Максат Алиев «Азаттыкка» билдирди.

Финалдык беттешүүгө абдан көп күйөрман келип, Кожомкул спорт сарайы жык-жыйма толуп турду. Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бул мелдеш быйыл отуз жетинчи жолу өткөрүлдү.

Ош: камакка алынгандардын жакындары митинг өткөрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облустук жана шаардык башкармалыгынын имаратынын алдында элүүгө чукул адам нааразылык акциясын өткөрүштү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык имаратынын алдында нааразы болуп келген элүүгө чукул адам кармалган 3 милициянын бошотулушун талап кылып турушту.

Чогулгандардын айтымында, УКМК Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери Руслан Абдыкааров менен Жылдызбек Назаровду, жана аталган башкармалыкта практикадан өтүп жаткан Мурадул Юсупжановду жалган жалаа менен камакка алышкан.

Санайым Жакыпова
Келгендердин бири Санайым Жакыпова өз оюн мындайча билдирди:

- Бул иштердин баарын өздөрү жасап алып, анан күнөөлөп кармап алышты. Акча албаса деле бир нерсе кылып, бул балдарды камаш керек болгон. Эптеп алардын кызмат ордун алыш керек. Жөн эле кызматында жүргөн жеринен чөнтөктөрүнө атайын акча салып коюшуп, сен пара алдың дешкен. Кармагандарына бир сутка болду, биз менен бир дагы жолу жолуктура элек.

Кармалган милиция кызматкерлердин жакындарынын айтымында, коопсуздук кызматынын имаратында жаткан 3 тартип сакчысы ур-тепкиге алынып, бети-башы көк ала болуп калган. Камалып турган практиканттын апасы Мухайдар Юсупжанова “Азаттыкка” буларды айтты:

Мухайдар Юсупжанова
- Менин балам студент болчу. Практикага киргенине 3 эле күн болгон. Кечээ саат үчтө алып кетишиптир. Анан алып келип, балабызды уруп коюшуптур. Бизге көрсөтпөй жатышат. Адвокат кирди, кирсе бети-башы көк ала болуп калыптыр. Өздөрүнүн дарыгери кирип чыгып айтты, “балаңар жөн эле тумоолоп калыптыр” деп. Уруп, тепкилеп жатса, сасык тумоолойт беле...

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мындай айыптоолорду четке кагууда. Аталган комитеттин Ош облустук жана шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Турат Асанбаевдин белгилешинче, милиция кызматкерлерин кармоо учурунда алар катуу каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада кагылышуу болуп, тартип сакчылары бир аз жараат алган:

- Аларды кармооо учурунда милициялар катуу каршылык көрсөтүшкөн. Өзүн коргоп жатканда денелерине аз-маз жаракат алышыптыр. Анан “бул жерге алып келип сабады, урду” деген сөз туура эмес.

Турат Асанбаев
Турат Асанбаев кармалган Руслан Абдыкааров, Жылдызбек Назаров жана практикант Мурадул Юсупжанов бирөөдөн 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын ачыктады. “Алар буга чейин да коррупциялык иш-аракеттерге аралашып жүргөн экен” дейт ал:

- Бизге арыз менен кайрылышкан. Арызда көрсөтүлгөндөй, азыр кармалган тартип коргоо кызматкерлери ушул Оштун бир жаранынан ар бир айда 5000 сомдон пара алып турган экен. Кадимкидей салык катары алып турган экен. Кийинки убакта ал салыгынын көлөмү да көбөйгөн. Биздин кызматкерлер алар кезектеги парасын алып жаткан жеринен кармашты. Жандарынан акча толук табылды. Акчалардан ошол үчөөнүн манжа издери табылып, такталды.

Анткен менен кармалган милиция кызматкерлеринин жакындары талаптары аткарылмайынча нааразылык акциясын уланта берерин айтышууда. Алар УКМКнын имаратына кирүүгө да аракет жасашты. Натыйжада күч органдары менен алардын ортосунда кагылышуу болуп, 2-3 аял жеңил жаракат алды. Учурда 3 милициянын иши боюнча бардык материалдар аймактык прокуратурага тапшырылды. Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгы болгон окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Парламенттик Кыргызстан кимди уктатпай жатат?

Архивден: нааразылык акциясында талаптардын бири - үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коюу болгон.

"Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстанда жаңыдан калыптанып келе жаткан парламенттик демократиянын баркын атайылап кетирип, аны муунтуп жок кылуу аракети байкалып жаткандыгын билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу багытын өзгөртүүгө расмий Москва кызыкдар.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев парламенттик башкаруунун Кыргызстан үчүн туура келбестиги боюнча оюн өткөн жылы бир нече ирээт ачык эле айткан. Бир катар Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилери Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүн кубаттаган болчу.

Президенттик башкарууну “тирилтүү” аракети

Өмүрбек Абдрахманов расмий Москва учурда “Ар-намыс” сыяктуу кремлчил саясий күчтөрдүн колу менен күчтүү президенттик башкарууну кайрадан калыбына келтирүүгө аракеттенип жаткандыгын белгиледи:

- Кызык жери ошол Ф. Кулов баштаган саясатчылар шайлоого катышып, өтүп келип, ушул Баш мыйзамды ыйык сактайм деп ант бербеди беле. Анан ошол Баш мыйзамда жазылып турат "он жылга чейин эч кандай өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн эмес" деп. Мына ошого карабастан сырттагы колдоочулардын жана демөөрчүлөрдүн шыкагы менен Конституцияга өзгөртүү киргизишибиз керек деп чыгып жатат. Принцип деген кайда калды? Анткени “Ар-намыс” партиясынын программасында парламенттик башкарууга өтүү маселеси 2003-жылы эле жазылганы менен бүгүн анын жетекчилери Москвага жагынуудан улам ошол идеяларынан баш тартып отурушат.

Москва, 22-сентябрь, 2010-жыл
27-январда маалымат жыйынында “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Кыргызстанда кош палаталуу парламенттик системаны киргизүү жана президенттин бийлик укуктарын кеңейтүү зарылдыгын айтып чыккан.

“Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев көтөрүлүп жаткан демилгени Кыргызстандын саясий турмушундагы мыйзам ченемдүүлүк катары сыпаттады:

- Биздин партия турмуштук шарт-ыңгайдан улам бардык жагын карап, иликтеп, логикага жана мыйзамга туура келе тургандай маселени сунуштады деп ойлойм. Анткени кош палаталуу парламентте партиялык кызыкчылык гана эмес, аймактык кызыкчылыктар да каралат. Ошону менен бирге президенттин укугу кеңейсе ишти алып барууда конкреттүү адамдын жоопкерчилиги болот.

“Арнамысчылар” Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоо үчүн жарандардын колдорун топтоо жолу менен маселени референдумга алып чыгууну көздөшүүдө.

Парламенттик Кыргызстан кимдерге ыңгайсыз?

Талдоочулар мындай аракеттер парламенттик башкаруу калыптана элек шартта орун алган өксүктөрдүн арты менен коомчулуктан колдоо таап кетиш мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт. Ошондуктан КМШдагы авторитардык режимдер үчүн Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун ишке ашпай калышы пайдалуу деген пикирлер үстөмдүк кылат.
"Ак Жол" партиясынын курултайы, 1-май, 2009-жыл

Саясат таануучу Аскар Бешимов мында негизги маселе айрым бир ири державалардын геосаясий кызыкчылыктары менен да байланыштуу экендигин белгиледи:

- Орусия тарабынан басым болуп турган шартта, ошолор колдогон саясий күчтөрдү бийликке алып келүү аракети ачык эле байкалбадыбы. Эми президенттик шайлоодо да өз кишисин өткөрүүгө далалат болот. Андан кийин президенттик башкарууну калыбына келтирүүгө жол ачылат. Анткени алар үчүн күчтүү парламент менен сүйлөшкөндөн көрө, президент менен сүйлөшкөн оңой. Ошондуктан ар кандай маселелерин өткөрүү үчүн аларга өтө күчтүү парламенттин кереги жок. Мына ошондуктан парламенттик башкарууну дискредитициялоо аракеттери токтобойт.

“Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов 2007-жылы өкмөт башчылыктан кетип, оппозициялык Бириккен элдик фронтту түзгөн эле. Элдик фронт уюштурган митинг ошол учурдагы бийлик тарабынан кууп таркатылган. Мына ошондон кийин Феликс Кулов Кыргызстанды конфедерация тибинде Орусиянын курамына киргизүү демилгеси менен чыгып, бирок коомчулуктан колдоо таба алган эмес.

Уран Ботобеков: Президенттин сөзүнүн артында күч болуш керек

Президент Роза Отунбаева парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөп, депуттарды түздөн-түз кызматын аткарууну эскертти. Ушуга байланыштуу талдоочу Уран Ботобеков ой бөлүштү.

“Азаттык”: Президент Роза Отунбаева эмне себептен ушундай катаал эскертүү жасады деп ойлойсуз?

Уран Ботобеков: Биз постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн президенттеринин иштерин карап көрсөк, алардын дээрлик баары парламентти өзүнө көз каранды кылып, өзүнүн чечимдерин ага таңуулаганга аракет кылып келишет. Кээ бир өлкөлөрдө бул абдан жакшы ишке ашты, кээ бирлеринде ишке ашкан жок. Менимче президентибиздин ушундай билдирүүсү ошондой бир салтты улайын деген аракети.

Экинчиден, кечээ күнкү Ош коогалаңы боюнча комиссиянын жыйынтыгы боюнча ачуу сөздөр айтылды. Менимче ошол ачуу сөздөр, кийин финасылык тартип бузуулар болду деген жүйөлөр да болду. Ошолордон улам эмоционалдык жарылуу болдубу деп ойлойм.

“Азаттык”: Ушундай эле мазмундагы эскертүүлөрдү убагында экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев да жасачу эле. Кыргызстанда азыр башкаруу системасы мурункуга салыштырмалуу өзгөргөн чакта Р. Отунбаеванын мындай билдирүүсү президент менен парламенттин тирешине алып келбейби?

Уран Ботобеков: Биз эч качан унутпашыбыз керек, парламент – биздин бүгүнкү турмушубуздун күзгүсү. Элибиз-журтубуз, аймактарда, региондордо калкыбыз кандай болсо ошолордун күзгүсү болуп биздин депутаттар отурат. Бүгүнкү парламенттин деңгээлин жакшы деп айтуудан аналитик катары алысмын. Роза Отунбаева интеллектиси бийик инсан катары белгилүү. Бирок ошого карабай омуроолоп, кандайдыр бир күч көрсөтө коем деп коркутуп, чочутуу ыкмасы менен иш алып барышы анын бийик интеллектисине туура келбеген көрүнүш.

“Азаттык”: Сиз парламенттин ишине көз салып турсаңыз керек. Андагы депутаттардын билдирүүлөрү, сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу дооматтар айтыла баштады. “Бөрү баласы ит болбойт” деп айтканга чейин барышты. Мындай билдирүүлөрдүн арты эмнеге алып келиши мүмкүн?

Уран Ботобеков: Депутаттар, эми баары дебейин, кээ бирлеринин билим деңгээли, интеллектиси, акыл көрөңгөсү жакшы болсо деген тилекти жаратат. Дагы бир жолу айтып коеюн, депутаттар – турмуштун күзгүсү. Биздин коом-турмушубуз кандай болсо, ошону чагылдырып жатат. Ал эми Роза Отунбаеванын билдирүүсү боюнча айта турган болсом, ал деле убагында депутат болгон. Ал деле ошондой чоң-чоң саясий билдирүүлөрдү жасаган.

Бул – саясий күрөш. Саясий күрөш улана берет. Бирок биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Бүгүнкү Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары мурдагы эки президентке караганда алда канча чектелүү. Ошон үчүн күч көрсөтө коем деп айткан сөздүн аркасында реалдуу күч болсо жакшы болот эле.

“Азаттык”: Президент парламентте Убактылуу өкмөттүн декреттерин ревизиялап текшерүүдөн өткөрүүгө жол берилбеши керек деп да айтты. Жогорку Кеңеште болсо маал-маалы менен Убактылуу өкмөттүн айрым декреттери мыйзамсыз болгон деген сөздөр чыгат. Ушундан улам кандайдыр бир чыр тутанып кетпейби?

Уран Ботобеков: Кандай гана болбосун бийликке келгендер жасаган иштери, жүргүзгөн саясаты үчүн эл-журт алдында жооп берет. Анын ичинде бүгүнкү бийлик да жооп бериши керек. Ушул позициядан алып караганда эл алдында жооп берчү күн эртедир-кечтир келет. Бул парламенттин балким ага чама-чаркы жетпесе, аны эл гана чечет.

“Азаттык”: Рахмат.

Кыргызстан-Түркия: качан арзаныраак учабыз?

Кыргызстан менен Түркия ортосунда жаңы аба каттамдар ачылганы жатат.

Февраль айынан баштап Kyrgyz Airways Бишкек – Стамбул жана Стамбул – Бишкек деп аптасына эки ирээт каттай башташы ыктымал. Pegasus Airlines түрк авиакомпаниясынын 2009-жылы бүдөмүк жагдайлардан улам токтоп калган каттам ачуу аракети кайрадан жанданууда.

Кыргызстан менен Түркия ортосунда жалгыз гана аба каттамы болгондуктан, билет баасы кымбат болуп, айрыкча Түркияда окуган кыргыз жаштарынын нааразылыгын туудурган эле. Бул маселени “Азаттык” иликтей баштаганда кыргыз өкмөтү да, Түркия тарап да алтернативдүү аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты.

Kyrgyz Pegasus Airlines: экинчи аракет да ара жолдо калабы?

Жаңы жыл башынан тарта Түркияда билим алып жаткан студенттер “Азаттыкка” телефон чалып жана интернет барагыбызга тынбай жазып, учак билеттеринин кымбаттыгына даттанышкан. Айрымдары Кыргызстанга эс алууга келип, кайра Түркияга кете албай жатышканын, кээ бири болсо Түркиядан өз жерине жылдап келе албай жатышкан айтышкан.

Соңку беш жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан-Түркия ортосунда жалгыз “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы гана каттайт. Салыштыруу үчүн айтсак: Бишкек – Стамбул каттамынын билет баасы азыр 500дөн ашык доллар турат, ал эми Алматы – Стамбул каттамынын билет баасы жок дегенде андан 100-150 долларга арзанырак. Эмне дегенде Казакстандан Түркияга аба каттамдары атаандаштык негизге салынган, башкача айтканда, ал жакта дагы башка компания каттайт.

Ошентип студенттердин нааразы үндөрү “Азаттык” аркылуу чыга баштаганы эки өлкө ортосунда алтернативдүү компанияларды киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жанданды. Атап айтканда, 24-январда Бишкекте биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Pegasus Airlines түрк авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен Kyrgyz Pegasus Airlines жоопкерчилиги чектелген коомго жыштык, тактап айтканда, өзүнчө каттам үчүн асманда жол бөлүп берүү маселелерин талкуулашты.

Эгер артка кылчайсак, Өмүрбек Бабанов мурдагы бийликте биринчи вице-премьер болуп турган чагында - 2009-жылы июль айында - Pegasus Airlines компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштаган экен. Ошондо мамлекеттик “Кыргызстан” авиакомпаниясы менен Pegasus компаниясынын өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасы менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимге кол коюшуптур.
Түркияга учалы деп лицензия алганбыз. Бирок азыркы кезде түрк тараптан бизди киргизбей ал жактан бут тосуулар көп.
(Жолдошбек Бектурганов)


Ал келишимге ылайык, ошол жылдын ноябрь айынан тарта беш багыт боюнча: Бишкек-Стамбул, Бишкек-Дубай, Бишкек-Сеул, Бишкек-Алматы жана Бишкек-Москва жаңы каттамдар ачылмак. Бирок иш кагаз бетинде кала берген. Эмне себептен иш жылбай калганын “Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектургановдон сурадым. Ал "мурдагы бийликтин кызыкчылыктары болсо керек" деген божомолун ортого салды:

- Түзүлүп, мына деп иштей баштаган убакта мурдагы бийликтин, ошол кездеги президенттин туугандары аралашып кетип ошонун негизинде токтотууга туура келген. Андан сырткары биздин “Аба кодекси” деген мыйзамыбыз бар да. Ошол мыйзамга туура келбей калган жактары бар деп Мүлк министрлиги бизге кат жазып, ошол келишимди токтоткон.

Мен Жолдошбек Бектургановдон мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туугандары кантип кийлигишкенин тактадым, бирок ал негизинен айтылган сөздөргө таянып айтып жатканын жүйөө кармады:

- Эми мен аны толук билбейм. Ошол кездеги жетекчилердин айтымында, президенттин туугандары кийлигишип токтотуп койгон. Аны ошол "Пегасустун" жетекчилеринен сурап көрүш керек. Анткени алар менен да жолугушуу өткөрүп, ошол Түркияга чакырышып жолугуп жүргөн. Кийин эмнегедир токтоп калышты. Анын биз тараптан Мүлк министрлиги токтотуп койду. Ошону менен токтоп калганбыз.

Мындан соң Kyrgyz Pegasus Airlines жоопкерчилиги чектелген коомдун баш деректири Ылгар Алпекинге кайрылууга туура келди. Анын сөзү боюнча, Өмүрбек Бабанов 2009-жылы кызматтан кеткенден кийин иш токтоп калган. Алпекиндин айтымында, мурунку бийлик аларга иштегенге таптакыр мүмкүнчүлүк берген эмес. Эми сүйлөшүүлөр кайра жанданды, бирок келишимди аткаруу дале ара жолдо турат деди Ылгар Алпекин.

- Кыргызстанга заманбап аба компаниясын курууну Кыргыз өкмөтү бизден суранды. Биз "Пегасус" менен Кыргызстанга келгенде жүргүнчүлөрдү арзан баа менен ташыганы жатканбыз. Бишкек-Москва, Бишкек-Стамбул, Бишкек-Үрүмчү өңдүү бир топ аба жолдорун ачып, билет баасын арзандатууну көздөгөнбүз. Биз өткөн аптада Бишкекте болуп, кечээ кечинде гана кайтып келдик. Кыргыз өкмөт мүчөлөрү сүйлөшүү учурунда бизге Бишкек-Стамбул аба жолдорун берүүдөн баш тартышты. Стамбул аба жолун бизге бербегендиктен, биз мындай келишимди кабыл алган жокпуз. Байкашымча биздин ордубузга башка компания келет окшойт. Мындан улам келишим жарым жолдо калды. Анткени Стамбул бизге берилбесе мындай аба жолун ачуу бизге таптакыр туура келбейт.

Кооптонуулар жана талаптар

Ошол эле учурда Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакыт Жунушалиев Kyrgyz Pegasus Airlines жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, техникалык мүнөздөгү маселелер талкууланып жатканын “Азаттыкка” айтты:

- Жолугушууда алар Кыргызстанда колдонгону жаткан аба кемелердин типтери, бул аба компания үчүн адистерди даярдоо маселелери жана биздин инспекторлорду даярдоо иштери талкууланды. Анткени алар мен билгенден “Боинг 737 - 800” учагын колдонгону жатышат. Мындай учак биздин өлкөдө буга чейин колдонулган эмес. Алар алтүгүл биздин айрым инспекторлорду адистер сабаттуу көзөмөл жүргүзүшү үчүн окутуп да беребиз деп жатышат. Анан албетте айрым жагдайлар бар. Алар учкулары келип жатат. Бирок Кыргыз Республикасы алар уча турган өлкөлөр менен өкмөттөр аралык келишимдерге кол койгон. Анан ошого жараша оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизиши керек. Биз мындай оңдоп-түзөтүүлөр боюнча Транспорт министрлигине билдирдик. Алар өкмөттүн деңгээлинде айрым деталдарды чечиши керек болот.

"Манас" аба майданы
Кыргыз мыйзамдарына ылайык, авиакомпания ачуу үчүн оболу юридикалык жак – жоопкерчилиги чектелген коом түзүлөт. Бул коом Жарандык авиация агенттигине авиакомпания ачуу тууралуу арыз жазат. Арыз жазылган соң сертификациялоо иштери башталат. Бул иш 60 күндүн ичинде аякташы зарыл.

Авиакомпания сөзсүз Кыргызстанда катталып, анын акциясынын 51 пайыздан кем эмес үлүшү Кыргызстанга таандык болууга тийиш жана жок дегенде бир учагы бул өлкөдө менчиктештирилүүсү зарыл.

Такталбаган маалыматка караганда, азыр Pegasus кайсы бир учагынын Кыргызстанда менчиктештирилишин каалабай жатат жана келишимде башкаруу Түркия тарапка берилген. Байкоочулардын баамында, ушундан улам Pegasus Airlines кийин кандайдыр бир себептер менен өнөктөшү “Кыргызстан” авиакомпаниясынын банкроттук абалга алып келип, өздөрү башкарууну толугу менен колго алышы ыктымал деген кооптонуулар бар. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү мындай биргелешкен аба компанияларды түзүүдө эң оболу мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо механизмдерин колдонушу зарыл дешет адистер.

Расмий маалыматка ылайык, Pegasus авиакомпаниясы 1990-жылы Стамбулда түзүлгөн. Учурда 17 мамлекетте жүздөн ашуун такай жана чартердик каттамдарды ишке ашырат. 32 аба кемеси бар, алардын экөө “Боинг 737-400”, үчөө “Боинг 737-500” жана калгандары “Боинг 737-800” үлгүдөгү учактар.

Kyrgyz Airways Кыргызстан менен Түркия ортосунда каттаганы калды

Ал ортодо февраль айынан баштап Kyrgyz Airways компаниясы Бишкек-Стамбул-Бишкек жаңы аба каттамын ачканы жатканын маалымдады. Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакыт Жунушалиев аталган авиакомпанияга эки жыштык берилгенин, февралдан баштап аптасына эки ирээт уча башташы ыктымал экенин айтты:
Кыргыз өкмөт мүчөлөрү сүйлөшүү учурунда бизге Бишкек-Стамбул аба жолдорун берүүдөн баш тартышты.
(Ылгар Алпекин)


- Өткөн жылы Kyrgyz Airways жумасына эки жолу учуп туруу тууралуу ниетин билдирип кайрылган. Тиешелүү документтер түрк авиация бийлигине жөнөтүлгөн. Алар Түркиядан макулдук алышты. Бир жума мурунку маалыматка караганда алар Стамбулдагы “Ата-Түрк” аба майданынан слот алуу – учуп конуу убактысын белгилөө гана калган. Башкача айтканда ушундай эле техникалык деталдар калды. Мен ошол авиакомпаниянын жетекчилиги менен сүйлөштүм. Алар ушул февралдан баштап уча баштай турганын айтты.

Kyrgyz Airways компаниясынын коммерциялык бөлүмүнүн башчысы Георгий Еременко Кыргызстан-Түркия каттамын ачуу жарым жылдык убакытты алганын “Азаттыкка” айтып берди:

- Биз Түркияга учактарыбыз советтик типте эмес, Батыштын тибиндеги аэробустар экенин көрсөттүк. Алар техникалык жагын караганга жарым жылдай убакыт кетти. Биз башка түрк авиа жолдору менен жана “Атлас Жет” авиакомпаниясы менен келишим түздүк. Бул компания Түркиянын ичинде жана Европага учат. Биз алар менен алардын компаниясына билеттерди сата алабыз. Башкача айтканда биз транзиттерди Стамбул аркылуу Европага учууларды уюштура алабыз.

Мүмкүнчүлүктөр көп, бирок кара тизме бар

Kyrgyz Airways авиакомпаниясы 2007-жылы февралда каттоодон өткөн. Адеп иш баштаганда өз аба кемелерин жергиликтүү авиакомпанияларга узак мөөнөткө ижарага берип турган. Андан соң өлкөнүн ичинде жана Орусия тарапка каттай баштаган.

Кыргызстан-Түркия боюнча жаңы каттам ачуу иштерин түркиялык дагы бир авиакомпания “Атлас Жет” баштаганы айтылууда. Бирок Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакыт Жунушалиев аталган авиакомпаниянын өкүлдөрү каттам ачуу үчүн агенттикке кайрылбаганын билдирди.

Түркияда билим алган кыргызстандык студенттер
Кыргызстанда 17 авиакомпания каттоодон өткөн. Алардын үчөөсүнө ар кандай себептер менен лицензия берүү токтотулган. “Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектургановдун айтымында, аталган ишкана деле Кыргызстан-Түркия каттамын жүргүзө алат.

- Түркияга учалы деп лицензия алганбыз. Бирок азыркы кезде түрк тараптан бизди киргизбей ал жактан бут тосуулар көп. Негизи уча турган, жете турган учактарыбыз бар. Алардын шылтоосу эле ушул: силер ушу кыргыз жарандык авиациясы кара тизмеги кирип калгансыңар, ошон үчүн биз киргизбейбиз деген шылтоосу даяр. Кыргызстандыктарды каякка десе ошол жакка ташып барууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ушул тапта кара тизмеден чыгалы деп аракеттерди көрүп жатабыз. Кудай буйруса, чыгып калсак Стамбулга да учабыз, Европага жана башка жакка учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Кыргызстан” авиакомпаниясы мамлекеттик ишкана. Компаниянын жүз пайыз акциясы Мүлк министрлиги тарабынан тескелет. Бюджеттен каражат албай өзүн өзү каржылайт.
Бишкек – Стамбул каттамынын билет баасы азыр 500дөн ашык долларга турат, ал эми Алматы – Стамбул каттамынын билет баасы жок дегенде андан 100-150 долларга арзанырак.


Байкоочулардын айтымында, эгер жаңы каттамдар ачылса, кадыресе атаандаштык чөйрө түзүлөт, ал болсо билет баасынын ылдыйлашына алып келет.

“Адам укуктары жана демократия” борборунун төрагасы Идирис Кубатбеков бирок кошумча каттамдар кимге кандай негизде берилери ачык-айкын жүргүзүлбөсө, айың кептер кала берерин айтат:

- Бизге жаңы авиакомпаниялар кирип, жаңы каттамдар ачылса биздин жүргүнчүлөр үчүн жакшы болмок. Анан бул жерде өзгөчө бир нерсе маанилүү: бул бүгүнкү биздин өкмөт канчалык деңгээлде ошол авиакомапнияларга атаандаштык шарттарын түзүп бере алат. Себеби аларга шарттарды түзүп берип, коррупциялык эмес жолдор менен иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүп берсе мындан биринчи учурда биздин эл утат.

Ошентип Кыргызстан менен Түркия ортосунда жаңы каттамдарды ачуу аракеттери көрүлүүдө. Иш оңтоюнан чыкса февраль айынан тарта Kyrgyz Airways каттай баштайт. Kyrgyz Pegasus Airlines жабык коому да каттам ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантты, бирок дале түшүнүксүз жагдайлар чыгып жаткандыктан “Азаттык” бул иш-аракеттерди көз кырына алып турмакчы.

Президенттин билдирүүсү талкуу жаратты

Президент Роза Отунбаеванын 27-январда Жогорку Кеңеште жасаган билдирүүсү парламентте жана коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдары өлкө башчынын сөзүн депутаттарга сес көрсөтүү катары баалап жатышат.

27-январда парламентте сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева депутаттарды саясий талаш-тартышка кийлигишпестен, мыйзам чыгаруу милдетин аткарууга үндөгөн.

Президент көйгөйлөр көп болуп турган убакта мыйзам кабыл алуу абдан маанилүү болуп жатканын айтып, парламент өз ишин аткарбаса эл аны таркатууну талап кылаарын, мындай талаптарды мамлекеттин башында турган адам катары колдоп, чара көрөөрүн билдирген.

- Мамлекет башчы катары, Конституциянын кепили катары мен эч кимге элди бузуп-жарып толкутканга жол бербейм. Парламент өзүнүн түздөн түз кызматын аткарбастан кезектеги саясий оюндар менен гана алек болсо эл аны таратып жиберүүнү талап кылат. Мен Кыргызстандын президенти катары өлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту, ынтымакты сакташ үчүн мындай аракеттерге бөгөт коюп, абдан катаал чара көрүүгө даярмын.

Жаңы Баш мыйзамда президенттин укугу чектелген

Роза Отунбаеванын мындай билдирүүсү парламентте жана коомчулук арасында түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрым депутаттар 27-июнда референдум аркылуу кабыл алынган жаңы Конституцияда парламентти таратуу укугу президентке берилбегенин белгилешет. Андыктан парламентти таратуу тууралуу билдирүүсүн кээ бир депутаттар сес көрсөтүү, коркутуу катары да кабылдашууда.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу:

- Президенттин парламентти таратуу демилгеси жок. Парламент өзүн өзү таратышы мүмкүн, тескерисинче парламент президентти кетириши мүмкүн. Анткени бизде азыр парламенттик республика. Эгерде эжекебиз Акаев же Бакиевдин образына кирип кетсе анда таратам десе да колунан келбейт. Эмнеге дегенде президенттин бийлиги чектелген. Текстти өзү жазбай жанында отургандар, аппарат жетекчилер жазып берген окшойт. Президентти жаман акыбалга жардамчылар алып келишти. Анын сөзүн даярдап бергендер күнөөлүү бул жерде.

“Ата Мекен” фракциясынын өкүлү, депутат Өмүрбек Абдырахманов президент айымдын мындай кадыресе катуу билдирүүсүн коомчулукка айтылган жооп деп сыпаттоодо. Анын айтымында, соңку кезде мамлекет башчынын дарегине айтылган сын пикирлерге, айрым иштерге президенттин уулу аралашты деген кептерге жооп бергендей болду.

- Менимче ал киши кичине толкунданып кетти окшойт. Конституция боюнча андай таратып жибергенге укугу жок. Кийинки кездерде президенттин дарегине бир топ сындар айтылып жатпайбы, "баласы тигиге кийлигишиптир, иниси тиякка кетиптир" деп. Кейпи ошого карата эмоциялык жооп болуп калды окшойт. Биз аны өтө деле олуттуу кабыл алган жокпуз. Азыркы системада президенттин өзүнүн так орду бар. Президент чарба иштерине, кадр иштерине кийлигишпеш керек. Качан гана өлкөдө саясий кырдаал курчуганда ал киши өзүнүн бийлигине таянып, ошолордун бардыгын өз ордуна кое турган гана күч.

"Президенттин парламентти таратуу укугу бар"

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыйла чектелип, парламент менен өкмөткө өткөрүлүп, президент мурдагыдай каалагандай мамлекеттик жаңы органдарды түзө албайт. Өкмөттүн мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу менен гана кызматтан алалат.

Борбордук органдардын жетекчилигин дайындоо жана кызматтан алууда да президенттин ыйгарым укуктары чектелери көрсөтүлгөн. “Ошентсе да президент мамлекеттин башында турган адам катары Конституциянын кепили боло алат”,-дейт президенттик аппараттын өнүгүү, стратегиялык талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев.

Орозбек Молдалиев
Айрым саясат таануучулар жаңы Баш мыйзам боюнча президенттин артында мурдагыдай чоң күч жок дегендей сөздөрдү да айтышууда. Мындай пикирлерге Молдалиев кошулбайт.

- Президент таратуу демилгесин көтөрө алат. Конституцияда 86-берене бар. Президент деген ким? Мамлекеттин башчысы деп турбайбы. 60-берененин 2-бөлүмүндө “президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат” деп жазылган. Эл менен мамлекеттик бийликтин жүзүн чагылдырып атпайбы. Мындан артык жогору бийлик болобу мамлекетте? Президенттин артында чоң күч бар, анын артында эл турат, эл шайлаган.

Жаңы Конституция боюнча парламент үч шартта таркайт: биринчиси, өзүн өзү таркатышы мүмкүн. Экинчиси, Конституцияда белгиленген мөөнөттө өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

Үчүнчүдөн, премьер-министр жылына бир жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе койо алат. Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартылган учурда президент 5 жумушчу күндүн ичинде өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

Баатыр кыздардын ролун жараткан Калича Сейдалиева

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева Улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында Каныкей, Жаңыл мырза сыяктуу баатыр кыздардын жана башка ондогон драмаларда аялдардын ар кыл образдарын жаратып, ички темпераменти күчтүү актриса экенин далилдей алды.

Театр адистери менен баарлашканымда алар Дааркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Гүлшара Дулатова сыяктуу улуу таланттардын жолун уланткан, Улуттук театр өнөрүндө ички сезими күчтүү, терең ойлуу актриса катары Калича Сейдалиеваны айтып калышат.

Мына ушундай зор таланттар түптөгөн улуттук театр мектебинин салттарын улаган, алардан таалим алып ордун баскан актриса 1979-жылы Ташкенттеги Островский атындагы театр институтун аяктап келип, кыргыз драма театрына ишке алынат.

"Учурда Кыргызстанда тогуздагы баладан токсондогу карыяга чейин саясатташып, коом кеселдеп турган маалда театр, кино, музыка аркылуу адамдардын жан дүйнөсүн, ички сезимин сакайтып, руханий дөөлөттөрүн көтөрүү зарыл",-дейт Сейдалиева.

- Актердук кесип мамлекеттик идеологияны элге жайылткан, үгүт-насыят жүргүзчү кесип. Мугалимдер сыяктуу эле элди тарбиялоого да зор салым кошот. Мисалы, "театр коомдун күзгүсү" деп коет эмеспи. Ошонун сыңарындай театр өнөрү аркылуу элди туура жолго салууга, терс жактарын мыскылдап көрсөтүүгө, жаштарды патриоттуулукка, элин-жерин сүйүүгө тарбиялоого болот.

Калича Сейдалиева учурда Бишкектеги театрларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына карабай, кыргыз драма театрдын кичи сахнасында жаңы спектаклдер даярдалып жатканын белгилеп, белгилүү драматург Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" эпикалык драмасынан Каныкейдин монологунан үзүндү айтып берди.

Оо, кулунум угуп ал,
Эки энеңдин ичинде толуп жаткан муңу бар.
Аргын кыргыз аралаш, элдин жайын билип ал,
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас жердин жайын билип ал.

Сенин жериң кыргызда,
Отор малдан жылкы көп,
Оолуккандан тынчы көп.
Жашыгынан курчу көп,
Жан жыргаткан ырчы көп.

Терекке тууган куштары,
Теминип турат учканы.
Кайыңга тууган куштары.
Камынып турат учканы.



Көркөм өнөр таануучулар "үн десе үндүү, бой десе бойлуу, табийгатынан театр үчүн жаралган таланттуу актриса" деп баасын берген Калича Сейдалиева кыргыз драма театрында Эгемберди Эрматовдун "Жаңыл мырза" драмасында Жаңылдын, белгилүү драматург, акын Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" эпикалык чыгармасында Каныкейдин, Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булутунда" Алтундун, Шекспирдин "Лир падыша" трагедиясында Гонерилянын жана башка спектаклдерде эр жүрөк, айбаттуу аялдардын, мээримдүү энелердин образдарын түзө алды.

Белгилүү актриса Калича Сейдалиева Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда жана Улуттук кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында сахнада сүйлөө чеберчилиги боюнча сабак берип, ондогон жаш актерлерду тарбиялап, окутуучулук кесипти да аркалап келет.

Кылмыш дүйнөсүнө согуш жарыяландыбы?

Уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү кармалгандыгы кабарланып, кээ бирлерине издөө жарыяланды.


Алманбет Алайчы деген ким?


Бейрасмий маалыматтар боюнча Алманбет Анапияев Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири катары сыпатталат. Отуз сегиз жаштагы Алманбет Анапияев “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин оң колу катары, өлкөнүн түштүк аймагындагы кылмыш чөйрөсүн кармап келгендиги айтылып жүрөт. Жакында ага сыртынан айыбы угузулуп, эл аралык издөө жарыяланды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахматтуло Ахмедов Алманбет Анапияев үч оор кылмыш беренеси менен айыпталып жаткандыгын кошумчалады:

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо), 168-беренеси (карактоо) жана 125-беренесинин (адамдарды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу) негизинде айыпталууда. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы катары камакка алуу тандалган. Мына ушуга байланыштуу учурда Алманбет Анапияев издөөгө берилди.

“Алыштын” алды менен арты

Алманбет Анапияевду 2003-жылы Кадамжай райондук соту карактоо факты боюнча сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок үч жылдык сыноо мөөнөтүнөн соң абактан чыгарылган.

Анын өз чөйрөсүндөгү атагы маркум депутат Баяман Эркинбаевге жеке айдоочу жана жан сакчы болуудан башталган. Б. Эркинбаевдин көзү өткөн соң анын ордунда улуттук “Алыш” федерациясын жетектеп келген. Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында Астанада эл аралык “Алыш” федерациясынын президенттигине шайланган.

Баяман Эркинбаев
Баяман Эркинбаевдин жесири, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова учурда “Алыштын” беделин сактап калуу үчүн анын президентин кайра шайлоо маселеси көтөрүлүп жаткандыгына токтолду:

- Ал адам Баямандын эч кандай шакирти болгон эмес. Болгону ал ага айдоочу катары жумушка келип, иштеп калган эле. Кийин Баямандын көзү өткөн соң, “эже, “Алыштын” ишин жылдырууда жалгыз өзүңүз кыйналып каласыз, мен жардам берейин” дегенинен ал жигитти мен ФИЛАнын (күрөш түрлөрүнүн эл аралык федерациясы. -ред) улуттук комитетине киргизгем. Андан кийин башка федерациялардын колдоосу менен “Алыш” эл аралык федерациясынын президенти болуп шайланды. Ал жигит издөөгө берилди дегенди укканда башка 39 мамлекеттин федерацияларынан каттар келип жатат. Мына ошондуктан алар тараптан учурда “Алыштын” президенттигине мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатат.

Алманбет Анапияев азыркы учурда каякта экендиги белгисиз. Ал Чоң-Алай районунун Жекенди айылында туулуп өсүп, орто мектепти аяктаган.
Өздүк булактардан алынган маалымат боюнча, жакынкы жылдары Алманбет Анапияев Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Уюган “устундурга” урулган сокку

Мындан сырткары маңзаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Мовсар Батукаев Токмок шаарында бир килограммга жакын маңзаты менен кармалгандыгын маалымдады. Бул адам кылмыш дүйнөсүндөгү дагы бир “мыйзамдагы ууру” наамы менен белгилүү Азиз Батукаевдин бир тууган иниси экендиги белгиленген.

Мындан сырткары “Акипресс” агенттиги өзүнүн булактарына таянып, кайсы бир саясий күчтөрдү өткөн шайлоодо колдогон уюшкан кылмыш тобунун төрт өкүлүн коопсуздук органдары кармагандыгын жарыялады. Бирок муну расмий бийлик органдары өздөрү тастыктай элек.

Өмүрбек Текебаев
Анткен менен парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бийликтин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү аракеттери байкала баштагандыгына токтолду:

- Акыркы кездери кылмыш дүйнөсүнүн ортоңку даражадагы бир нече өкүлдөрү мурда, кийин жасалган ар кандай кылмыштырга шектелип кармалып жатышат. Алар туурасында расмий маалыматтар жарыяланган жок. Бирок алардын кармалып жаткандыгы жашыруун эмес. Буга байланыштуу алардын реакциясы азырынча белгисиз. Азыркы өкмөт уюшкан кылмыштуулук менен чечкиндүү күрөш алып барышы керек. Биринчи кезекте мында жогорку жетекчиликтин саясий эрки талап кылынат. Анткени бизде азыр кылмыш дүйнөсү мамлекеттик саясатты аныктаган деңгээлге жетти.

“Акипресс” агенттигиндеги маалыматта, кармалган уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсүнүн арасында аты-жөнү “Ата Журт” партиясынын тизмесинде катталган адамдын бар экендиги көрсөтүлгөн. Бирок бул боюнча тиешелүү тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү маалымат берүүдөн баш тартышты.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов мындай тактала элек маалыматтар аркылуу бүтүндөй партиянын атын каралоого болбойт деп эсептейт:

- Эми менин өзүмдүн партиялык тизмеге кирген адамдардын бардыгы менен жекече тааныштыгым жок. Алар кимдер экендигин, кандай иштер менен алектенгендигин билбейм. Эгерде кимдин болбосун кандайдыр бир кылмыш ишине тиешеси болсо, далилдеп туруп жоопко тартыш керек. Бирок кайсы гана партиянын катарынан болбосун бир-эки киши кармалса эле ошолордун айынан бүтүндөй партиянын ичине жалаң кылмышкерлер толуп алды деген ой да туура эмес.

Кайтарма жооптун кандай болоору белгисиз

Ошол эле учурда уюмдашкан кылмыштуулукту ооздуктоого багытталган айрым чаралар парламенттеги айрым эл өкүлдөрүн бушайман кылып жаткандыгы айтылууда.

Эдил Байсалов
“Айкөл-Эл” саясий партиясынын жетекчиси Эдил Байсалов өкмөттүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары чоң тоскоолдуктарга учурашы күтүлөт деп божомолдойт:

- Биздин билишибизче парламенттик башкаруу коалициясынын ичинде да тирешүүлөр болуп жаткандыгы сезилип жатат. Мына ошондуктан А. Атамбаевдин өкмөтү уюшкан кылмыштуулуктун кызыкчылыгын коргогон күчтөрдүн үстөмдүгүнө карабастан ошолорго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө дарамети жетеби, же жетпей калабы деген маселе турат. Бирок убада боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөш башталды. Анын аягы эмне менен бүтөөрүн эми күтүп турушубуз керек. Бийликтин аракетинин жыйынтыгы мына ошо менен гана байланыштуу.

Өткөн жылы жайда Кара-Балтадагы уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси катары ички иштер органдарында катталган Алмаз Бокушев бир катар оор кылмыштарга шектелип кармалган. Бирок анын жактоочуларынын басымы менен ал үч күндөн кийин кайра абактан чыгарылган.

Мына ушундай абалдан улам, жакында мамлекет башчысы Роза Отунбаева коргоо кеңешинде тартип коргоо органдарын уюшкан кылмыштуулукка каршы токтоосуз чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин жамааттык жыйналышында уюшкан кылмыштуулукка каршы өзгөчө чараларды көрүү маселеси жабык эшик артында талкууланган эле.

“Мегакомду” Каржы полициясы басты

“Мегаком” компаниясынын 2 миллион 200 миңден ашык кардары бар.

Уюлдук байланыш тармагындагы эң ири ишкана “Мегаком” компаниясын миллиондогон каражат уурдалууда деген шек менен Каржы полициясы текшере баштады.

Каржы полициясы “Мегаком” компаниясын текшерип басып жатат. 27-январда тергөөчүлөр компаниянын башкы офисинде уруксат берилген тинтүү жүргүзүп, бухгалтердик документтердин баарын алып коюшту, банктагы эсеп-чотторду иштетүүгө тыюу салышты.

“Мегаком” компаниясына мамлекет койгон сырткы башкаруучу компаниянын жетекчилиги коррупциялык жол менен 10 млн. долларды көргөзбөй жымырып чыгарып кетти деп шектенүүдө. Мамлекеттик мүлк министри тараткан маалыматтарга караганда “Мегаком” өткөн жылы алты айда 25 миллион доллар пайда тапкан экен, ал эми тогуз айдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 15 миллион долларга түшүп калган. Ошондуктан мамлекеттин өкүлдөрүнө компаниянын жетекчилиги орто жердеги он миллио долларды көргөзбөй, жымырып алып койду деген шектүү ой кетип жатат.

Мамлекеттик мүлк министринин орун басары, улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун директору Даир Кенекеев “Мегаком” компаниясы кыңыр иштерин токтотпой жаткандыгы үчүн текшерүү зарылдыгы келип чыкканын “Азаттыкка” билдирди.

"Бул компания дагы эле Гуревич менен Елисеев түзүп кеткен схема менен иштеп келатат. Сырткы башкаруучуга бухгалтердик документтерди көргөзбөй, ар кандай айла-амал менен анын жолун бууп жатышат",-дейт Даир Кенекеев.

“Мегаком” компаниясы бүтүндөй апрель окуяларына чейин президенттин уулу Максим Бакиевдин табакташ достору Евгений Гуревич менен Елисеевдин колунда болчу. Апрелде бийлик алмашып, Гуревич менен Алексей Елисеевге кылмыш иши козголуп, алар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин компаниянын 49 пайыз акциясы мамлекеттин менчигине өткөн. 51 пайызы россиялык "Eventis telecom" холдингине тиешелүү деп айтылып келатат, бирок Мегакомдун азыркы башкаруучулары акциялар "Eventis telecom" менен туугандаш Penwell Business Limited компаниясына таандык деп билдирүүдө.

Бул маселеде чаташуулар көп, талашкандар андан көп, ошондуктан азыркы күнгө чейин 51 пайызды Кыргызстандын мамлекеттик мүлк министрлиги убактылуу кармап турабыз деп билдирүүдө. Кыргыз өкмөтүнүн кайтарыгында турган 51 пайыз акциянын кимге тиешелүү экендигин аныктоо-тактоо иштери дагы эле аягына чыга элек.

“Мегаком” компаниясынын 2 миллион 200 миңден ашык кардары бар, анын отчетуна караганда компания 2010-жылды 30 миллион доллар таза пайда менен аяктап, мамлекеттик казынага миллиард сом киреше берди. Бюджетке чегерген төлөмдөрү боюнча “Мегаком” республикада “Кумтөр” алтын компаниясынан кийинки эле орунга чыкты.

“Мегаком” компаниясынын башкы директору Силич Каржы полициясы текшерүү баштардын алдында өлкөдөн чыгып кеткен. Анын укуктук иштер боюнча орун басары Доржиев Аюр “Азаттыкка” берген маалыматында Мамлекеттик мүлк министрлиги коюп жаткан дооматтардын баарын негизсиз деп четке какты. Анын жүйөөсүнө караганда, компания бардык мамлекеттик органдар үчүн ачык иш жүргүзүп жатат, ал эми миллиондогон акчаны көрсөтпөй жымырып койду деген айыптоолор ойдон чыгарылган.

- Бул таптаза каралоо. Жалган. Чынында таза пайдабыз жыл аягында 30 миллион долларга чыкты. Алар эмнени көрүп айтып атат түшүнүксүз. Эгерде адам бухгалтерияны түшүнбөй туруп, ушундай билдирүүлөрдү жасаса, бул анын абийириндеги маселе,-деди Аюр Доржиев.

Азыркы учурда “Мегаком” компаниясын бир жагынан каржы полициясы, экинчи жагынан салык органдары да текшерип жатат. “Мегакомдун” айланасындагы соңку окуялар анын эки миллионду чапчыган кардарларынын да тынчын кетирүүдө. Анткени уюлдук компанияларды талашкандар бөлүшө албай чырдашканда телефон байланышы бузулуп токтоп калган машакат окуялар баштан өткөн.

Ошол эле учурда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү маалымат каражаттарына айткан сөзүндө “Мегакомдогу” текшерүүлөр россиялык инвесторго жасалган кысым эмес, компаниянын мындан аркы өнүгүү планын макулдашуу максатында жасалып жаткан иштер экенин белгиледи.

Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан 52 спортчу барат

VII Кышкы Азия оюндары 30-январдан 6-февралга чейин Астана жана Алмата шаарларында өтөт. Кыргызстан кышкы Азия оюндарына спорттун беш түрү боюнча катышат.

30-январда Астана жана Алматы шаарларында өтө турган 7-кышкы Азия оюндарына спорттун беш түрү боюнча кыргызстандык 52 спортчу мөрөй талашканы турат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Алмазбек Касеновдун айтымында, кыргызстандыктар кышкы Азия оюндарында биатлон, лыжа жарыштары, шайба жана топ хоккейи, спорттук ориентирлөө түрлөрү боюнча мелдешке катышат.

VII Кышкы Азия оюндары Казакстандын борбору Астанада жана Алматы шаарында спорттун 11 түрү боюнча өтөт.

Жеңүүчүлөргө 69 комплект байгелер ыйгарылат. Азия континентинде кышкы спорт анча өнүкпөгөндүктөн мөрөй талашууга 27 өлкөнүн 1150 спортчусу гана катышары болжолдонууда.

Унутулуп бараткан кышкы спорт

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун маалымдаганына караганда, Азия оюндарынын ачылыш салтанаты 30-январда Астанадагы “Астана-Арена” футболдук стадионунда өтөт.

- Оюндардын жабылыш аземи 6-февралда Астанадагы Балбан Шолак атындагы спорт сарайында болмокчу.

Астанада муз үстүндөгү көркөм бий, хоккей, коньки жана шорт-трек жарыштары болот.

Алматыда лыжа жарыштары, тоо-лыжа, биатлон, спорттук орентирлөө мелдештерине күйөрмандар күбө болушат.

Спорт күйөрманы Такин Рысбектегин Кыргызстанда кышкы спортко анча көңүл бурулбаганын айтып, коңшу өлкөлөр ат чабым алдыга кеткенин белгиледи.

- Кыргызстанда кышкы спортко көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт. Нарын, Каракол, Чүйдөгү лыжа спорт базаларында кышкы спорт мелдештерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок демилге колдоого алынбай келатат. Кыргызстандагы табигый шарт болсо да, кардан акча жасаганды, Азиянын ысык өлкөлөрүнүн спортчуларын чакырып бирге машыгууну колго албай келатабыз. Кышкы Азия оюндарына бирин-экин гана спортчулар барып, бул оюндарга каражат бөлүнбөй келатканы кыргыз спорт жетекчилеринин кайдыгерлиги. Бул оюндар элдин намысы жана сыймыгы болууга тийиш эле. Кыргызстандын аймагы 90 пайыз тоодон тургандыктан кышкы спортту өнүктүрүү негизги милдеттердин бири болуш керек.

Адистердин баамында, бул мөрөй талашууларда кыргызстандыктар байгелүү орундарга жетүүсү күмөн. Ошондой болсо да шайба жана топ менен ойнолуучу хоккей мелдештеринде коло байге болушу да ыктымал.

Себеби шайба хоккей мелдештери эки топко бөлүнүп өткөнү турат. Жогорку лигада мыкты командалар ойносо, экинчи лигада өнүгүп келаткан өлкөлөр беттешет. Кыргызстандык хоккейчилер экинчи топто байгеге илинип калуусу мүмкүн. Жергиликтүү оюнчуларга казакстандык айрым чебер хоккейчилер да кошулуп, сүрөөнгө алганы турат. Ошондой эле лыжалык жарыштарда да артта калбай, алдыңкы топко кошулса деген тилек.

Спорт жана бизнес

Кышкы Азия оюндарын өткөрүү шылтоосу менен казактар Астана менен Алматы шаарларындагы спорт жайлар эл аралык деңгээлде кайра жаңыртып алышты. Алар “Медео” муз айдыңы жана Чымбулак тоо-лыжа базасын кайра реконструкциялоого эле 750 млн. доллар каражат чыгымдалган.

Астанадагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Шавкат Исмаиловдун айтымында, кышкы Азия оюндарынын оту 12-январда Кувейт өлкөсүндөгү Азия олимпиадалык кеңешинин штабында жандырылып, Алматыга алып келинди.

- Олимп оту Казакстандын аймагын эстафеталык жүрүш менен 80 адамдан колдон колго өтүп, 30-январда Астананын борбордук аянтына жеткирилет. Ачылыш аземинде “Астана-Арена” футболдук стадионунда салтанаттуу кырдаалда алоолонот. Олимпиада отун чемпион Жакшылык Учкемпиров жандырат. Астанадагы иштеп жана жашап жүргөн кыргызстандыктар да ачылыш салтанатына күбө болобуз. Мындан сырткары кыргызстандыктар катышкан мелдештерге да барып, сүрөөнгө алып туралы деп жатабыз.

Президент Роза Отунбаева Казакстанга 30-январда иш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында өлкө башчысы Астана шаарында өтө турган 7-кышкы Азия оюндарынын расмий ачылыш аземине катышмакчы.

7-кышкы Азия оюндарында кыргызстандыктар шайба хоккейи мелдештерине да өзүнчө команда катары катышмакчы.

Эми топ менен ойночу хоккейчилердин курамын да жумгалдык, нарындык, бишкектик жигиттер түздү. Топ хоккей мелдештери Алматыга жакын жердеги айтылуу "Медео" муз майданында өтөт.

Топ хеккейи мелдештеринде кыргызстандык жигиттер байгелүү оюндарга да илинип калуусу ыктымал. Себеби бул спорт Азия комитетинде анча өнүкпөгөндүктөн мөрөй талашууга төрт өлкөнүн командасы гана катышат.

Кыргызстандык хоккейчилер Ташкенди, же Монголияны утса эле коло байге колдо болуп калат.

Ал эми бул топ хоккейинде өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин спорт федерацияларынын жетекчиси Т.Калыбаев буларды айтат:

- Казакстан чемпион болоору анык. Себеби бул оюн Казакстандын бардык аймактарында ойнолуп, чеберчилиги да жогору. Биздин жигиттер бир эле команданы утуп алса, анда байгелүү орунга жетет.

1-февралда кыргызстандыктар монголдор менен муз үстүндө мөрөй талашат. 2-февралда оюн ээси Казакстандын командасы менен беттешет. 3-февралда тажикстандык хоккейчилер менен таймашуу болот. 5-февралда жарым финалдык беттешүүлөргө кезек берилет. Баш байге жана коло медаль үчүн таймашуулар 6-февралда болмокчу.

Казакстандын туризм жана спорт министри Темирхан Досмухамбетов кышкы Азия оюндарын өткөрүү үчүн өкмөт 1 миллирад доллар бөлгөнүн маалымдаган.

Оюнду уюштуруучуларынын маалыматы боюнча, ачылыш жана жабылыш салтанаттарын көрүү үчүн билеттердин наркы 50 доллардан 100 долларга чейин болмокчу.

Кышкы Азия оюндарыны тарыхы

1986-жыл, Саппоро

Азия континентинде спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү жана спортчулардын чеберчилигин өстүрүү максатында кышкы Азия оюндарын өткөрүүнү Азия олимпиадалык кеңеши 1984-жылы Сеулда өткөн Башкы Жыйынында (Ассамблеясында) кабыл алган.

Биринчи кышкы Азия оюндарын өткөрүү үчүн Жапониянын Саппоро шаары өз талапкерлигин коюп, даяр экендигин билдирген. Себеби 1972-жылы бул шаарда кышкы Олимпиадалык оюндар болуп, спорттук имараттар, жайлар дайын эле. Алар мелдештерди уюштуруу тажрыйбасына да ээ болчу.

Ошентип 1986-жылы Жапониянын Саппоро шаары алгачкы Азия оюндарынын отун жандырып, ага 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

1990-жыл, Саппоро

Экинчи кышкы Азия оюндары 1990-жылы Индияда өтмөк. Бирок экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу алар оюнду өткөрүүдөн баш тарткан. Бул жагдайдан да жапондуктар пайда тапкан.

Кайрадан Саппоро шаарында Экинчи кышкы Азия оюндарынын оту жанып, мында 10 мамлекеттин спортчулары күч сынашкан.

1996-жыл, Харбин

Корея Элдик Демократиялык Республикасы Үчүнчү кышкы Азия оюндарын өткөрөбүз деген убадасына тура албады.

Бул демилгени Кытай Эл Республикасынын Харбин шаары колго алып, 1996-жылы Үчүнчү Азия оюндарын өткөргөн. Мурда Советтер Союзунун курамында жүргөн Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча команда болуп катышууга укук алышкан. Мурдагы оюндарга 7-10 өлкө гана катышса, Харбинде 17 мамлекеттин желеги көрсөтүлдү.

Мөрөй талашууда Кытайдын спортчуларына казакстандыктар атаандаш болоорун далилдей алышкан.

Харбиндеги Үчүнчү кышкы Азия оюндарында кыргыз туусу алгач ирет көтөрүлүп, чакан делегацияны Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев баштап барган. Кыргызстандык спортчулар Усубалиев, Абдулин, Буйков жана Борисов тоо лыжа мелдештерине катышып, тажрыйба топтоп келишкен.

1999-жылы, Кангвон

1999-жылы Түштүк Кореянын түндүк аймагындагы Кангвон шаарында Төртүнчү кышкы Азия оюндары болуп өткөн.

Кардын аз болгонуна карабай, атаандашуулар курч мүнөздө болгон. Мында кытайлыктар биринчи, кореялыктар экинчи, жапондор үчүнчү орунду ээлешкен. Казакстан өзүнө төртүнчү орунду камсыз кылган.

Төртүнчү кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан жалгыз тоо лыжачы Андрей Трелевский барган.

2003-жылы, Аомори

Азия аймагындагы спорт державасынын бири – Жапония 2003-жылы Бешинчи кышкы Азия оюндарынын отун үчүнчү ирет жандырган. Аоморидеги Бешинчи кышкы Азия оюндарына кыргызстандан 7 спортчу барууга даярдык көргөн эле. Алар, тоо лыжасы, биатлон жана трамплин боюнча мелдештерге катышууга ниет кылган.

Тилекке каршы каражат маселеси кендирди кесип, Аомори шаарына жалгыз трамплинден секирүүчү Дмитрий Чвыков барган.

Дмитрий 1996-жылы Харбинде өткөн Үчүнчү кышкы Азия оюндарында Казакстандын командасына 3 алтын медал жеңип берип, кышкы Азия оюндарынын чемпиону аталган.

3 жылдан бери Дмитрий Чвыков Кыргызстандын жарандыгын кабыл алып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт. Ал Солт-Лейк-Сити олимпиадасына да катышкан.

2007-жылы, Чанчунг

2007-жылы Кытайдын Чанчунг шаарында Алтынчы кышкы Азия оюндары болгон. Кыргызстандан барган тоо лыжачылар ийгилик жарата алышкан эмес.

Мекенчилдик менен улутчулдук кайсы жерден ажырашат?

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы улутчулдук темасына арналып, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ширин Айтматова, Камчыбек Ташиев, блогер Толкун Умаралиев жана көз карандысыз журналист Илья Лукашов катышты.


Мекенчилдик менен улутчулдуктун чеги кайда? 1
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:01 0:00


“Азаттык”:
Саламатсыздарбы, бүгүнкү чыгарылышыбыз орус тилинде болот. Себеби программабызда бүгүн көтөрүлүп жаткан тема – улутчулдук маселеси – элдин бардык катмарына түшүнүктүү болсун деп ойлодук жана студияга келген конокторубуздун айрымдары кыргыз тилинде сүйлөбөйт.

Камчыбек мырза, сиз улутчулдук жана мекенчилдик деген түшүнүктөрдү кандайча айырмалайсыз?

Камчыбек Ташиев: Улутчулдук жана мекенчилдиктин айырмасы асман менен жердей. Ар бир улут, же ар бир адам өз мекенин, жерин жана улутун жакшы көрсө бул – мекенчилдик. Мекенчилдик мыйзам чегинде гана болот. Ал эми улутчулдук мыйзамдан чыгып кетет.

“Азаттык”: Бирок сиз өзүңүздү улутчулмун деп жүрбөйсүзбү?

Камчыбек Ташиев: Улутчулдар да айырмаланат. Орусча кулакка жаман угулат, бирок кыргызча улутчул деген мекенди сүйүү деген түшүнүктү берет. Мекенчил улутчулдук деп койсо болот. Бирок эгерде сен өзүңдүн этносуңду башка этностордон жогору койсоң, башка этносторду кордосоң, ушул нерсе – улутчулдуктун кескин формасы. Албетте кескин формадагы улутчулдукту биз колдобошубуз керек.

“Азаттык”: Ширин айым, сиз улутчулдук менен мекенчилдиктин ортосундагы так чекти көрүп турасызбы?

Ширин Айтматова: Улутчулдуктун ар кандай түрлөрү бар: позитивдүү жана негативдүү. Позитивдүү улутчулдук азыр биздин коомго керек, себеби биз, кыргызстандыктар, азыр өткөөл мезгилди башыбыздан өткөрүп жатабыз. Көптөн күткөн улуттун калыптанышы байкалууда, бирок ошону менен бирге эле улутчулдуктун жаман түрлөрү ар жерлерде болуп өттү. Саясатчылар улутчулдуктун жаман түрлөрүн позитивдүү нукка буруш керек.

Мекенчилдик менен улутчулдуктун чеги кайда? 2
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:01 0:00


“Азаттык”: Саясатчылар позитивдүү нукка бурат демекчи, жакында эле депутаттардын оозунан, Фаттахов сүйлөп жатканда, “бөрү баласы ит болбойт” деген сөздөр чыгып кетти, сиз болсо Фаттаховду ачык эле айыптадыңыз.

Камчыбек Ташиев: Фаттахов боюнча мен так айттым. Дагы бир жолу кайталайм. Ош окуяларына чейин Фаттахов Кадыржан Батыровго, Иномжон Абдрасуловго, Салахуддиновго окшогон сепаратисттер менен өтө жакын мамиледе болгон.

Ушул байланыш алар чогуу Ош окуяларын даярдаган дегенди далилдеп турат. Балким өлкөдөн чыгып кеткен улутчул сепаратисттердин Кыргызстанда дагы деле байланышып турчу өз адамдары бардыр. Депутаттардын антип сүйлөгөнгө акысы бар.

“Азаттык”: Улутуна тийишүү деп эсептебейсизби?

Камчыбек Ташиев: Ал андай эмес. Азыр биздин өлкөдө 90дон ашык этнос жашайт. Бардык этностор мыйзамдын алдында тең болушу зарыл жана бийлик алардын бардыгына бирдей шарт түзүп бериш керек.

Депутаттар өз пикирин эркин билдире алышат. Бирок бирөөнү маскаралоого жол бербеш керек. Ошентсе да “бөрү баласы ит болбойт” деген макал кыргыздар арасында миңдеген жылдар бою жашап келет. Дагы миң жылдардан кийин да калат. Бул макалдын маңызы – чындык.

“Азаттык”: Ширин, кесиптештериңиздин айткандарын кандайча баалап жатасыз?

Ширин Айтматова: Менин оюмча Ош окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын ишин парламентте талкуулоо өтө агрессивдүү маанайда өттү. Биринчиден, азыр коом бул теманы талкуулоого дагы деле даяр эмес. Маселеге объективдүү кароо үчүн убакыт өтүш керек. Айрым депутаттарыбыз Ош окуяларын жамынып алып өздөрүн көрсөткүлөрү келди. Бул туура эмес.

“Азаттык”: Чындап эле Ош окуяларын упай топтоо үчүн саясий оюнга айланткан жоксуңарбы?

Камчыбек Ташиев: Ош окуяларында мен эмес, кыргыз эли баатыр болду. Биздин элди бөлгүсү келип, ошол согуштун себепкерлери – ошолор сепаратисттер, улутчулдар, шовинисттер. Кыргыз элине кыргыздар да, өзбектер да кирет. Эл бөлүнгөн жок. Кескин улутчулдук Ош окуяларынан кийин байкалган, бирок азыр жок.

“Азаттык”: Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында укук коргоочулар уюштурган улутчулдукка каршы митинг өтүп, ал жакта атүгүл “фашизм” деген сөз айтылып кетти. Бизде чын эле мекенчилдиктен улутчулдукка өтүп бара жаткан тенденция байкалабы?

Ширин Айтматова: Чынын айтканда ушундай көрүнүштөр шайлоонун алдында чыңала баштайт. Алдыда президенттик шайлоо, аны да унутпасаңыздар. Тарыхка көз чаптырсак, элиталардын, түрдүү социалдык топтордун, түрдүү геосаясий кызыкчылыктардын кармашы бир этносту экинчи этноско кайраштырып жибериши мүмкүн.

Көпчүлүк адамдар Ош трагедиясына окшогон окуялардан пайда көрөт. Кызыгы “Ата Журт” парламентте эң улутчул партия эмес. Жогорку Кеңештин алдында пикет өткөргөн адамдар айткандай эле, улутчулдук парламентте отургандардын көпчүлүгүнө тиешелүү.

“Азаттык”: Сайтка чыккан бир кабарда “өч алуучу күчтөр бар, ошолор кара тизме түзгөн экен, ошол тизмеде Ташиев, Мырзакматов баш сапта жүрөт” деген маалымат тарады эле. Сиз чын эле “Ташиев – ашынган улутчул” деген имиджди өзүңүз колдойсузбу же бул стереотиппи?

Камчыбек Ташиев: Менин улутчул болоюн деген оюм жок эле, ашынган улутчул да эмесмин. Мен Ош окуяларында кыргыздардын таламын талашып чыккам. Кыргыздардын намысы чынында эле тебелендиде калган. Мен гана эмес, көп кыргыздар чыгышкан. Кыргыздарды сепаратисттерден коргогонбуз.

Мени адамдар улутчул деп кабыл алышын каалаган эмесмин. Биздин партия июнь окуяларына чейин же кийин пайда болду деген кептер туура эмес.

Ош коогалаңы болуп жатканда биз кээ бирөөлөргө окшоп парламенттик шайлоо жөнүндө ойлонгон эмеспиз. Партиянын атын да колдонгон эмеспиз. Мен Камчыбек Ташиевдин атынан чыккам.

Мекенчилдик менен улутчулдуктун чеги кайда? 3
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:33 0:00


“Азаттык”: Мен сизди түшүндүм, рахмат. Биз талкууга дагы эки конокту чакырганбыз. Толкун Умаралиев – блогчу жана Илья Лукашов – көз карандысыз журналист. Толкун, жакында Брюсселде Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго кагаз тапшырылып, ал жакта Кыргызстанда улутчулдук күчөп жатат деген маанайдагы сөздөр айтылыптыр. Ушул чынбы?

Толкун Умаралиев: Ооба, Брюсселде өзбекстандык өзбектер, Европадагы диссиденттер чыгып, Еврокомиссиянын имаратынын алдында пикет өткөрүп, менимче, Ислам Каримовго ушундай мүнөздөгү маалыматты камтыган кагазды тапшырышты.

“Азаттык”: “Бөрү баласы ит болбойт” деген макалдан башка, Өзбекстандын парламентинде бир да кыргыз жок деп, коңшу өлкө менен салыштыруу болду. Ушул салыштырууну туура көрөсүзбү?

Толкун Умаралиев: Июнь окуяларын иликтөө боюнча түзүлгөн Улуттук комиссия парламентте кадимкидей суракка алынып, атүгүл аларга чабуул жасалды. Фаттаховго “эмне себептен Өзбекстандын парламентинде бир да кыргыз жок, бизде болсо бар (бирок Жогорку Кеңеште бир нече гана өзбек тектүү депутат бар)?” деген суроолор берилди. “Эмне себептен түштүктө өзбектер жогорку кызматтарды ээлешет да, ал эми Өзбекстанда андай эмес” деген дооматтар да угулуп келет. Биринчиден, биз эки башка өлкө, эки башка юрисдикция, эки башка мыйзам системасы, эки башка жарандык тууралуу сүйлөп жатабыз. Ошону түшүнбөй жатабыз. Биз өзбек болобузбу, орус болобузбу, биз – Кыргызстандын жараныбыз. Башка өлкө бизге мисал болбош керек. Айрыкча Өзбекстан бизге адам укуктары жагынан, мыйзам жагынан өрнөк боло албайт.

“Азаттык”: Камчыбек мырза, сиз макулсузбу?

Камчыбек Ташиев: Өзбекстан менен салыштыруу сөзсүз болушу керек. Эмнеге? Кыргызстанда кыргыз-өзбектен сырткары башка улуттар менен согуш чыкпайт. Эмнеге Өзбекстан менен салыштыруу бар? Себеби ал жакта этникалык кыргыздар жашайт, алардын саны көп. Кыргызстанда канча өзбек бар болсо, алардын саны да ошого барабар.

Ооба, Өзбекстан башка өлкө, өзүнүн Конституциясы бар. Бирок биз баары бир салыштырышыбыз керек. Мисалы, өзбекстандык кыргыздар жумшак айтканда аябай жакыр жашайт. Ал эми биздин өзбек тектүү жарандарыбыз – бай.

Улуттук комиссия атын атаган сепаратисттер түштүктөгү эң бай адамдардын катарында турушкан. Бул эмнеден кабар берет? Алар байлыгын элге каршы жумшап жатышпайбы. Проблема ушул жерде. Бай боло беришсин. Көбүрөөк байышсын.

Толкун Умаралиев: Мен үчүн бул эки нерсе жүйөлүү сезилбейт. Мен буга каршымын. Себеби биз өзүбүздүн проблемаларыбыздын өзөгүн башкалардан издебешибиз керек. Өзбекстан өзүнүн жолу менен кете берсин. Сиз Ош окуяларынын себептери иликтенбей келет дедиңиз, мен буга макулмун. Биз өтө деле издеген жокпуз. Бирок жөн эле көз чаптырып карасак эмне көрүнөт? Бийлик жок болгон. 90-жылдары, 2010-жылы да бийликтин жоктугу көрүнүп турат.

Дагы башка чоң көйгөй – бийлик карапайым адамдардын көйгөйлөрүн чечип бербей койгон. Жер маселеси жана башка көйгөйлөр. Өзбек тектүү жарандардын түштүктө бай жашашы тууралуу комментарий да бергим келбейт, себеби бул мен үчүн түшүнүксүз суроо. Байыраакпы? Анда жакырларга шарт түзүп бергиле. Аларды өлкөдөн кууп, байлыгын бөлүштүрүп алуу деген такыр туура эмес.

Урматтуу депутаттар, мен сиздерге чын жүрөктөн кайрылар элем, “бөрү баласы ит болбойт” деп бөлбөсөңүздөр. Биз баарыбыз кыргызстандыкпыз. Кыргызстандын жараныбыз.

Бишкекте көптөгөн жаштар менен бирге азыр демилге көтөрүп жатабыз – паспортто этнос көрсөтүлбөй, “кыргызстандык” деген гана сөз калыш керек. Улутту түптөйлү. Улут деген сөз англис тилинен (nation) которгондо мамлекетке тиешелүү экениңди туюндурат, этносту түшүндүрбөйт. 10-20 жыл өткөндөн кийин, кийинки муун “мен орусмун”, “мен дунганмын”, “мен өзбекмин” дебей, “мен – кыргызстандыкмын” деш керек. Орустар Орусияга, өзбектер Өзбекстанга кетсин же болобосо Кыргызстандын бир бөлүгү өзүнчө жашасын деген идеялардан ошондо алыс боло алабыз.

“Азаттык”: Илья, Толкун аябай жакшы идеяны айтып жатат, бирок “мен – кыргызстандыкмын” деген идеяны кантип ишке ашырса болот?

Илья Лукашов: Биздин саясий элита бир да жолу жарандык коом курууга кызыккан эмес. Бир этнос эмес, коом, ал коомдун ичинде ар кыл адамдар бир максаттын тегерегинде чогулушса. Ушундай максат да жок. Кыргыздардын тамырын, кылымдар бою келе жаткан кыргыздын рухун гана издеп туруп албастан, бизди келечекке түрткөн да идея болуш керек да. Ооба, маданият, ыр, кийим, табият - баары баалуу. Бирок Кыргызстанда баарын бириктире ала тураган идея – атаандаштык. Бизде бийликте отургандар бир да жолу “болду, биздин эң негизги идеябыз бул экономиканы өнүктүрүү” деп айткан жок.

Кыргызстан – кичинекей өлкө. Ошондуктан көп реформаларды жасоо оңой. Заманбап технологияларды колдонуп, келечекке караган улут болушубуз керек. Биз ошондо гана өткөнгө кайрылууну токтотобуз. Ош окуяларына баа бериш керек. Бирок биз көрбөдүкпү. Дагы парламент беш күн талкуулап, бири-бири менен урушуп, журналисттерге уят болушпадыбы. Бизге жараны чукуу эмнени берет?

“Азаттык”: Ширин, сиз эмнеге кыргызча сүйлөбөйсүз?

Ширин Айтматова: Мен кыргызча сүйлөйм. Мен акцентимен уялам. Мени бул үчүн сындасаңар да болот. Мен чет өлкөлөрдө 20 жыл жашап калдым. Бирок мен Кыргызстанга кайтып келдим. Себеби мени ушундай тарбиялашкан. Бул менин максатым болчу – билим алып, анан Кыргызстанга кайтуу. Азыр кыргыз тил сабагына күндө катышам.

Камчыбек Ташиев: Бул балдар туура айтып жатышат. Бирок паспорттон этносту алып коюудан мурда, өз өлкөбүздү сүйүүнү үйрөнүшүбүз керек. Кыргызстан – кыргыздардын гана мекени эмес. Ар бир жараныбыз мекен үчүн жашоосун бергенге да даяр болуш керек. Өнүгөбүз, паспорттон алабыз деген идеялары мекенчилдик сезимисиз эч нерсеге алып келбейт.

Тил боюнча айтсам. Кыргызстандагы көп этностор кыргыз тили менен эсептешпейт. Бул туура эмес. Тил – ар бир мамлекеттин негизи.

Илья Лукашов: Бирок эмнеге ушундай? Көп адамдар атайын кыргызча сүйлөгүлөрү келбейт. Мунун көп себептери бар дечи, бирок дагы бир себеп – биздин саясий элита бир да жолу башка улуттарды мамлекетти куруу жараянына катыштырууга кызыкдар болгон эмес. Кадрлар өлкөдөн агып кетип жатса, биз экономиканы кантип көтөрөбүз? Түштүктү кантип көтөрөбүз, бул да түшүнүксүз.

Шовинизм улутчулдуктан эмнеси менен айырмаланат деген суроолорду телепрограммалардан, ушуга окшогон студияларда, Жогорку Кеңеште отуруп алып талкуулоо оңой, ал эми көчөдө болсо – трагедия. Биз заманбап өлкө курганыбызда ушуга окшогон улутчулдук маселелери өзүнөн өзү эле жоюлат. Шарт түзгүлө. Кыргызстанга кайтып келүүгө, иштөөгө шарт түзүлсө, тилди баары бат эле өздөштүрүп алышат.

“Азаттык”: Рахмат.

Президент от менен ойнобоого чакырды

Жарык көргөн гезиттердин баары президент Роза Отунбаеванын кечээ күнкү парламентте сүйлөгөн сөзүн шилтеме кылуу менен окурмандарга тартууланды.

“Кыргыз руху” гезити депутаттардын саясый коркунучтуу оюндар менен алектенип жатканы президенттин жанына батып, кечээ парламентте катуу сүйлөгөнүн, эгер парламент мындан ары карай да саясат менен алектенип, ушинтип элди аркы-терки чайкай бергенин токтотпосо таркатып жибергенге чейин барарын эскерткенин, президенттин бул билдирүүсү оң таасирин берерин жакын арада мезгил өзү тастыктаарын белгилеп, журналист Айзада Абазованын макаласын тартуулады.

Журналист Азизбек Келдибековдун “Абалыңыз кандай, Атамбаев?”, “Абалыңыз кандай, мугалим?” деген жана Бишкек, анын мурдагы шаар башчылары жана учурдагы башчысы Иса Өмүркулов тууралуу макаласы да ушул санда.

“Кыргыз руху” гезити ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиевдин “Ар-намысыбыз - Манаста” аттуу маегин басты. Уландысы кийинки санга калтырылган бул макала баштан аяк Манас жөнүндө жана өзү башында туруп даярдаган “Манас” долбоору ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк шедеврлердин катарынан орун алгандыгы жөнүндө баяндалат.

Бексултан Жакиев “Манаска” чейин ЮНЕСКОго “Кожожаш” эпосуна долбоор жазып жөнөткөнүн, бирок “Кожожаш” эпосу элдин күндөлүк жашоо-турмушунда, шаан-шөкөттөрү менен оюн-зоок кечелеринде, концерттерде колдонулуп, кошо жашап, айтылып, ырдалбай, китеп түрүндө гана жашап келаткандыктан шедевр талабына жооп бербей, өтпөй калганын, анан “Манас” долбооруна олтурганын, кылымдар бою кыргыз менен кошо жашап келаткан “Манас” бардык талаптарга төп келип, өтүп кеткенин, непадам, “Манас” да манасчыларсыз, айтуучуларсыз калса “Иллиада” менен “Одиссея” өңдүү өлүү эпосторго айланып калуу коркунучу барын эске салды.

“Алиби” гезити “Укпадым дебегиле?” деген рубрика алдындгы макаласында: “Парламентте өч алууну каалаган жана Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн декреттерин жокко чыгарууну талап кылган күчтөр бар. Дал ошол Убактылуу өкмөттүн декреттери менен референдум өткөрүлүп, Конституциялык реформа жүргүзүлүп, Жогорку Кеңешке шайлоолор өткөн. Президент менен өкмөт качып кеткенде, Убактылуу өкмөт толугу менен жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Ошондуктан мен мамлекет башчысы жана Конституциянын кепилдиги катары эч кимге элди бөлүп, мамлекетти талкалаганга жол бербейм” деп айткан президент Роза Отунбаеванын сөзүн шилтеме кылды жана “Ата Журт” партиясынын аракетин, андагы депутат Садыр Жапаровдун өткөн жылдагы Убактылуу өкмөттүн соттор тууралуу декретине каршы сүйлөгөнүн эске салды.

Гезит мындан тышкары 441 адам кол коюп жөнөткөн Алай элинин Кыргызстандын элине кайрылуусун жарыялады.

Кайрылуу минтип башталып:” Апрель көтөрүлүшүнүн каармандары, Бакиевдерге деп бышырылган тамакты ага жедирбей кубаладыңар. Бирок ошол даяр тамакты өзүңөр жебедиңер же элге жедирбедиңер. Даяр тамакты кайра эле Бакиевдин артынан качууга даярданып турган шакирттерине салып бердиңер. Анда биз, эмнеге былтыр кышы менен, чилдеге карабай “Бакиевдик башкаруу кетсин, элдик генерал Исмаил Исаков абактан чыксын!" деп суукка тоңдук? Алайга каттаган аттуу-баштуу саясатчылар: “кыргыз элинин үмүтү алайлыктарда, тутанган отту жазга чейин өчүрбөгүлө, мамлекетибизде адилет, таза башкарууну орнотобуз” деген убадалар кайда?” деген суроо коюлган. Андан ары генерал Исаковду Ош окуясына байлап күнөөлөгөн комиссиянын чечими алайлыктарды кыжырдантып жатканын, Исаковду Абдыганы Эркебаев баалабаса, Алай эли бааларын билдирип, бир топ жүйөлүү ойлорду айтып, элди "Акаев менен Бакиевдердин мителеринен" сактап калууга чакырык таштаган.

“Форум”
гезити бүгүндөн тартып атын жоюп, кийинки жумадан баштап “Фабула” деп өзгөртүлгөн ат менен жарыкка чыгарын кабарлады.

Журналист Эртабылды Аттокуров макаласын “Ата Мекен” партиясы тууралуу баштап: “Ата Мекен” партиясы мамлекеттин туруктуулугуна кайдыгер мамиле жасап жаткан түрү бар. Айрым маалыматтарга караганда, азыркы күндө Өмүрбек Текебаев Талас жергесинде жаңы бийликке каршы митинг-пикетке чыгууга үндөгөн иштерин баштаган имиш. Талды-Булак айылында Өкмөткө каршы нааразылык акциясын өткөрүү мөөнөтүн төңкөрүштүн 1 жылдык “юбилейине” – 6-апрелде баштоого “антташкан” сыяктанат” деп жазды.

Автор андан ары буга дейре болуп өткөн окуяларга сереп салып, Текебаевдин спикерликке жетпей калган өктөсүнө, ошол эле Текебаев жаңы Конституцияны талкуулап атканда мамлекеттик да, ырасмий тил да кыргыз тили болсун дегенге макул болбой, эми кайра кыргыз тилин жактамыш этип, өлкөгө эптеп каражат таап келип жаткан Өкмөттү колдоого алуунун ордуна сындап киргенине токтолгон.

Журналист макаласынын аягын өлкөгө ушу бүгүн туруктуулук менен алдыга жылуу аба менен суудай зарыл экендигин, азыр куру таалада калтыруучу саясатка эмес, экономиканы көтөрүүгө көңүл буру учуру келгенин эскертип, “эсиң барда этегиңди жап” деген накыл кеп менен жыйынтыктады.

“Кыргыз туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын “Элди бузуп жарганга жол бербейм” деген сөзү менен жаңы санын ачты. Мамлекет башчысынын кечээ күнкү парламентте сүйлөгөн сөзүнүн өзөгүн өлкөнүн бүтүндүгү түзүп, эл бузарларга жакшы эскертүү болгондугу белгиленди.

Ант берүү деген барган сайын майдаланып баратканын айтылуу драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин: “Кыргызда “жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” дейт. Ант деген бул ыйык убада. Аны бузганды “ант урсун!” деп айткан. Мына ушуга ишениш керек. Адамдын ыйманы болсо буга ишенет” деп “Азаттык” аркылуу айткан сөзүн дагы бир жолу көңүлдөргө салды.

Гезит өкмөттүн жасап аткан иштери тууралуу бир топ маалыматтарды таратты. Махмуд Кашгари-Барскани университетинин ректору, профессор Асан Ормушевдин макаласы “Ататүрк курам деп кыялданган көпүрө” деп аталып, түбү бир түрк элинин жакшылыгы, эгемендик алган күндөн тартып биринчи болуп Кыргыз мамлекетин таанып, ошондон бери болгон жардамын аябай келаткандыгы баяндалат. Башкасын айтпаганда да 7-апрелдеги Элдик революциядан кийинки кыйын кырдаалда Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Алмаз Атабаевдин мизин кайтарбай, 21 млн. АКШ доллар грант бергенин кеп кылды.

Бул санда жакында эле президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган белгилүү диктор Анаш Кадырованын маеги бар. Анаш айым азыркы күндө эфирге эне тилин билбегендер толуп кеткенин, ошондуктан дикторлордун мектебин ачуу зарылдыгын айтып чыкты.

Кыргыздын улуу акыны Турар Кожомбердиневдин сүйгөн кызы Нуржамал Иманалиеванын эскерүүсү, ага жазган акындын сүйүү ырлары да окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

Киммо Килюнен: Мындай иликтөө постсоветтик аймакта буга чейин болгон эмес

ЕККУ парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен (Kimmo Kiljunen) "Азаттык" үналгысынын Бишкек студиясында. 2011-жылдын 27-январы.

Кыргызстандын түштүгүндөгү былтыркы июнь коогасын иликтеген Эл аралык комиссия корутундусун мартта жарыялайт. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Килюнен бейшембиде (27-январда) журналисттерге билдирди. Килюнен мырза маалымат жыйынынан кийин "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сиз жакында жарыяланган Улуттук комиссиянын бул окуялар боюнча отчету менен таанышып чыксаңыз керек. Силердин комиссия анда айтылгандар менен толугу менен макулбу, же айрым бөлүгү сиздердин жыйынтыкка каршы келеби?

Киммо Килюнен: Өткөн жайда Ош менен Жалал-Абадда өтө олуттуу коогалаң орун алды. Ал бүткүл өлкө үчүн чоң трагедияга айланды. Бул окуяларга Кыргызстан гана эмес, жалпы эл аралык коомчулук тарабынан чоң көңүл бурулуп, жергиликтүү жана эл аралык комиссиялар иликтөө ишин баштаган, айрымдары азыр да ишин улантууда.

Сиз айткан улуттук комиссиядан башка Акыйкатчы өз алдынча иликтөө жүргүздү. Бир нече бейөкмөт уюмдар кандуу окуялардын себеп-жөнүн изилдеп жатышат, парламент жакында өз иликтөөсүн баштады.

Биздин комиссия кайсы бир өлкөгө, же тарапка катышы жок. Болгону - иликтөөнүн жыйынтыгын биз кыргыз өкмөтүнө, Улуттар уюмуна, ЕККУга, Европа БИримдигине жана КМШга тапшырабыз.

Биз июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө кандай окуялар болгон жана алардын себеп-тамыры эмнеде деген маселени иликтедик.

“Азаттык”: Улуттук комиссия убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү июндагы кагылышуу үчүн саясий жоопкерчиликти алышы керек деп алардын жоопкерчилик деңгээлин караштырууну кыргыз президентине сунуштады. Сиз буга макулсузбу?

Киммо Килюнен: Бүгүнкү күндө биз бир нерсени ачык айта алабыз. Бул окуялардын келип чыгышына бир гана нерсе себеп болгон жок. Бул жерде бир нече себептер бар – тарыхый факттар, улуттар аралык мамиленин өнүгүшү, саясий окуялар.

Сиз айтып жаткан жоопкерчиликке келсек, албетте кандуу окуялар үчүн кайсы бир мекемелер жана жеке адамдар да жоопкер.

Биз соңку баяндаманы март айында жарыялайбыз. Ошондо ким кандай жоопкерчилик алышы керектиги да айтылат.

“Азаттык”: Буга чейин Кыргызстанда бул окуяларга бирден бир күнөөкөр адамдар деп Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана башкалардын ысымдары аталды. Алар өлкөдөн сыртка чыгып кеткени кабарланган. Сиздердин комиссия бул адамдар менен байланышып, алардын айтчу сөзүн, жообун уга алдыңарбы?

Киммо Килюнен: Мен бүгүн (27-январда) маалымат жыйынында айткандай, биз кайгылуу окуя болгон аймактарда изилдөө ишин аяктадык. Ал жакта 700дөй кишини сурамжылап, бир топ маалымат топтодук. Булардын жарымы кыргыз, жарымы өзбек болсун деп тең салмактадык. Алар – окуядан жабыр тарткандар, же болбосо кагылышууну өз көзү менен көргөн күбөлөр болду.

Андан сырткары кыргыз бийликтери, Ош менен Жалал-Абаддагы жетекчилер жана сыртта жүргөн айрым адамдар менен да кеңири маектештик. Мен алар кимдер экенин ачык айтпай турайын, азырынча эртелик кылат.

“Азаттык”: Айрым эксперттер бул окуялардын келип чыгышына бийликте жүргөндөр арасында ынтымак, биримдиктин жоктугу да түрткү болду деп эсептешет. Сиздин пикириңиз кандай?

Киммо Килюнен: Албетте, 7-апрелде бийлик алмашып, убактылуу өкмөт мамлекетти башкаруу милдетин өзүнө алгандан кийин алардын арасында кандайдыр талаш-талкуу болуп, жоопкерчиликти бир колго алуу дароо ишке ашпаганы түшүнүктүү. Анын обьективдүү себептери бар.
Мындай кандуу окуя боюнча эл аралык иликтөө буга чейин башка постсоветтик бир да өлкөдө болгон эмес.


Бирок бир жагынан эмне үчүн кыргыз өкмөтү ушул Ош менен Жалал-Абаддагы окуяларды көз карандысыз эл аралык комиссия иликтесин деген өтүнүч менен кайрылды?

Мындай кандуу окуя боюнча эл аралык иликтөө буга чейин башка постсоветтик бир да өлкөдө болгон эмес.

Менимче, кыргыз бийликтери бул кандуу окуялар кандайча башталып, эмнеден улам ушунча кишинин өлүмүнө алып келгенин өзүлөрү да так, даана билгилери келет.

Биздин комиссиянын курамында жалаң улуттар аралык мамиле боюнча адистер, социологдор гана эмес, курал-жарак боюнча адистер, соттук-медициналык эксперттер, мыйзам, Кылмыш жаза кодексинин аткарылышы боюнча мыкты адистер да бар.

Кыргыз өкмөтү менимче, эл аралык коомчулук алдында жүзү жарык болуш үчүн, чындыкты билиш үчүн бизди чакырды деп ойлойм.

Эгерде иликтөө акыйкат жүргүзүлсө, ал сөзсүз эки элди элдештирүүгө салым кошот деп ишенем.

“Азаттык”: Азыркы кырдаалды кандай баалайт элеңиз? Кээ бир эксперттер айткандай, чыңалуу дале күчтүүбү?

Киммо Килюнен: Июндагы кайгылуу окуянын белгилери, албетте, дале көзгө урунбай койбойт. Айрым жарадарлар дагы эле ооруканада жатышат, көптөгөн кишилер кайгыдан улам баарынан көңүлү кайт болуп ызаланып турган чагы.

Биз Кыргызстандын бийликтерине да, эл аралык коомчулукка да Ош менен Жалал-Абадда эки элди элдештирип, ынтымактуу жашоосун шарттай турган конкреттүү чараларды сунуш кылмакчыбыз.

Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө да кайрылабыз.

Кыргызстандын түштүгүндө мындай кайгылуу окуя 20 жыл мурун дал ушундай жайдын күндөрү болуп өткөн, анда да далай киши өлгөн.

Мындай трагедияны келечекте такыр болтурбоо жолдорун баарылап ойлонуп табышыбыз керек. Биздин иликтөө ошол максатты көздөйт.

Кыргызстан Борбор Азияга өрнөк боло алабы?

Кыргызстандагы парламенттик демократиянын келечеги 27-январда Бишкекте өткөн илимий жыйында талкууланды. Казакстан жана Евробиримдиктен өкүлдөр Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик башкаруу системасы сыналып жаткан Кыргызстандын азыркы жагдайына сереп ташташты.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөн эл аралык конференцияда Кыргызстандагы парламенттик тажрыйбага ар тараптан баалар берилди. Былтыр элдик толкундоолордон кийин орногон парламенттик демократия чыйралып кетеби, тегерегинде авторитардык бийликтер орун алган региондо кыргыз демократиясынын келечеги барбы? Эксперттер менен саясатчылар ушундай орчундуу суроолорго жооп издешти.

Жашоо мыйзамдан татаал

Казакстан улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Салахадин Сабикен азыркы кыйчалыш заманда парламенттикке караганда, президенттик-парламенттик бийлик өзүн актамак эле деп эсептейт.

- Кыргыздарга азыр таза парламенттик мамлекет орнотуу өтө кыйын. Биринчиден, мамлекеттин алдындагы жагдайды чече баштагандан кийин парламенттик башкарууга жол алат. Негизинен азыр тартип керек го, азыр Кыргызстанда тартип өтө аз, тартип бош. Адамдардын күч-максатын бир багытка жолдоо керек, мамлекеттин алдындагы милдеттенмелерди чечүү керек, ишке ашыруу керек. Азыр сиздерге аралаш, парламенттик-президенттик башкаруу туура келет.

Казак парламенти
Казакстандын юридика илимдеринин доктору Ермек Абдрасулов экономикалык негиз түзүлмөйүн демократиялык реформалар алга жылышы кыйын экенин өз өлкөсүнүн мисалында далилдейт.

- Казакстан өз убагында парламенттик республика катары баштаган. Анан биз аткаруу бийлигин күчтөндүргөн президенттик өлкөгө өтө баштадык. Эмне үчүн дегенде парламент ыкчам иштебей, тескерисинче, токтоп калган. Парламент өзү узак жол, узак процедура. Угуш керек, кайтарыш керек, маалымат менен байланыш керек. Убакыт өтүп атат, кандайдыр бир системага кириш керек. Мындай жолду Англия да басып өткөн. Мыйзамдын жакшысын, өтө мыктысын иштеп чыгып, кабыл алса болот. Бирок жашоо мыйзамдан татаал.

Система бардыгына эле жакпайт

Жергиликтүү саясатчылар жана серепчилер Кыргызстандын парламенттик башкарууга алгачкылардан болуп кадам таштоосун бир чети ийгилик катары белгилеп жүрүшөт. Парламенттик демократияга негиз салган Конституцияны сунуш кылган "Ата Мекен” партиясы Кыргызстан демократиялык реформалардын үзүрүн берет жана сөз жок коңшулардагы жараяндарга таасирин тийгизет деп ишендирүүдө.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков, Медер Абдиев
Аталган фракциянын депутаты Эркин Алымбековдун айтымында, айрым авторитардык өлкөлөргө бул система жакпай жаткан сыяктуу.

- Жаңы бийлик системасы айкындуулуктун, саясий атаандаштыктын принциптерине негизделген бийлик системасы. Бизде болуп аткан процесстер кошуна өлкөлөргө да чоң таасирин тийгизет. Анткени ошол эле өлкөлөрдө биз кулаткан эски авторитардык, үй-бүлөлүк бийлик системасы азыркыга чейин сакталып турат. Ошондуктан өздөрүнө залалы тийип калат деп өздөрүнүн бийлик системасынан чыгарбай, парламенттик системага каршы болуп атканы коомчулукка түшүнүктүү.

Кыргызстандык профессор Роман Оморов дүйнөдөгү башкаруу системаларын изилдеп келип, парламенттик демократия туруктуу болооруна көзү жеткенин айтып берди:

- Парламенттик система туруктуу болот. Узурпатордук бийлик болсо бир эле киши билип атат баарын. Эгер ошол киши кетсе мамлекет чачырап кетип атпайбы.

Кыргызстан - парламенттик башкаруу системасына өткөн Борбор Азиядагы алгачкы өлкө. Апрелдеги элдик толкундоолордон кийин президенттик бийлик кулатылып, жаңы бийликтин сунушу менен 27-июнда өткөн референдумда өлкө парламенттик башкаруу жолун колдогон.

Бирок Орусиянын президенти Дмитрий Медведев парламенттик демократиянын келечеги жок деген терс тыянагын билдирген.

Ошол эле кезде АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандагы деморатиялык реформаларга Вашингтон ар тараптан колдоо көрсөтө турганын бышыктаган.

Киммо Килюнен: Ар тараптан талдадык

Киммо Килюнен "Азаттыктын" студиясында.

Ош, Жалал-Абадда июндагы зордук-зомбулуктун чыгуу себептерин иликтеген Эл аралык комиссия өзүнүн баяндамасын март айында жарыялайт.

Комиссия иликтөөнүн жыйынтыгы өлкөдө тынчтык орнотууга жана жарашуу жараянына оң салымын кошот деп ишендирүүдө.

Курамы жети кишиден турган Эл аралык комиссия түштүктөгү июнь окуясынын чыгуу себептерин өткөн жылдын октябрь айынан тарта иликтеп келатат. Ушул тапта комиссия окуяга тиешелүү делген материалдарды топтоп бүттү.

Комиссиянын төрагасы, ЕККУ парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен бул арада түштүктө комиссиянын атайын кеңселери иштегенин билдирди. Окуяга күбө болгон жана запкы жеген 400гө чукул жаран менен аңгемелешүү болгон. Мындан тышкары кеңселерге 100 киши ар кандай арыздар менен кайрылып, 212 киши окуя туурасында колдо бар маалыматтарын беришкен.

Ал ортодо эл аралык комиссия Кыргызстан президенти, башкы прокурору, Оштун губернатору, мэри, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана окуяны иликтеп жаткан Улуттук комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушкан. Ошентип комиссия жети жүз чамалуу адамдын маалыматтарынын негизинде жыйынтыгын чыгарганы жатат.

Киммо Килюнен бул иликтөөлөр өлкөдө тынчтыкты орнотууга, жарашууга өбөлгө болоорун белгиледи.

- Албетте биз калыс жыйынтык чыгарууга кызыкдарбыз. Окуянын от алуусуна кандай себеп болду? Мына ушунун баарын иликтеп, жыйынтыгында өзүбүздүн сунуштарыбызды иштеп чыгабыз. Кийин бул баянды ким окубасын, андан калыс маалыматтарды таба алат. Арийне, айрым саясатчылар баянда камтылган фактыларды өз кызыкчылыгына пайдаланууга кызыкдар болушу ыктымал. Бирок биз малыматтардын туура эмес пайдаланылышына жол бербейбиз. Биздин баяныбыз коомчулукта чыңалууну күчөтпөйт, тескерисинче тынчтыктын орношуна көмөкчү болот.

Буга чейин Эл аралык комиссия окуянын чыгышына тарыхый себептер да түрткү болгонун билдирген эле. Киммо Килюнен бул иликтөөдө тарыхый жоопкерчиликке да басым жасаларын белгиледи.

- Бул жерде тарыхый жоопкерчилик деген бар. Ошондой эле бир эле себепти бөлүп көрсөтүүгө мүмкүн эмес. Бул жерде тарыхый, маданий, саясий элементтер бар. Баарын карап чыгабыз. Тарыхты билүү өтө маанилүү. Биз 1990-жылдардагы окуяларга байланыштуу материалдарды иликтеп, салыштырып, анализ жасадык. Биздин бир мүчөбүз Валерий Тишков - бул жаатта эксперт. Мындан тышкары Кыргызстандагы көз карандысыз мезгилине да сереп салабыз. Ошондой эле жазында өлкөдө болгон окуяларды да талдайбыз. Чынында тарыхый фактыларды иликтебей туруп, туура тыянак чыгара албайбыз.

Эл аралык комиссия январь аягында ишин жыйынтыктайт. Комиссиянын курамындагы эксперттер февраль айында Хельсинки шаарында чогулуп, талкуулоолор аяктайт. Ошентип жыйынтык баян март айынын орто ченинде жарыяланат. Ал алгач кыргыз өкмөтүнө, андан соң БУУ, ЕККУ, КМШ, Евросоюзга жолдонот.

Буга чейин июнь окуялары боюнча Улуттук комиссия өзүнүн тыянагын жарыялаган. Анда капсалаңдын чыгуусуна айрым өзбек лидерлери шыкак болгону айтылып, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү окуяны болтурбай коюу чараларын көрбөгөндүгү белгиленген. Ошол кездеги күч түзүмдөрүнүн башчыларынын саясий жоопкерчилин карап чыгуу сунушу да айтылган. Бул баян журт ичинде ачакей пикирлерди жаратты. Эл аралык комиссия баа берүү жагында бир топ маанилүү айырмачылыктар бар экендигин белгиледи.

Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү кенен

Борбор Азия өлкөлөрү башка мамлекеттер менен атаандаш боло тургандай деңгээлге чыгып, экономикалык ар түрдүүлүккө шарт түзсө дүйнөнүн булуң-бурчундагы инвесторлорду аймакка тарта алышат.

Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун ушундай мазмундагы доклады 27-январда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сунуш кылынды.

Борбор Азиядагы атаандаштыкты талдаган докладдын авторлору табигый ресурстар жана жумушчу күчтүн көптүгү регион экономикасынын акыркы 10 жылда өсүшүнө алып келгенин белгилешет. Аны менен бирге аймак ошол жаратылыш байлыктарына көз каранды болуп калды. Мисалы, 2008-жылы Казакстан экспортунун үчтөн эки бөлүгүн мунай продукциясы түзгөн. Кыргызстан сыртка саткан товарлардын үчтөн бир бөлүгү алтынга туура келген.

Атаандаштыктын өнүгүшүнө ошондой эле эмгек рыногунун талаптары менен жумушчулардын кесипкөйлөгү ортосундагы ажырым, чакан ишкерлердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши тоскоол болууда.

Докладдын авторлорунун бири, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун Евразиядагы атаандаштык программасынын жетекчиси Фади Фаррада инвесторлорду тартуу үчүн аймакта жакшы шарттар бар деп белгилейт: “Бул чөлкөм инвесторлордун көңүл борборунан тышкары болуп келди. Азыр атаандаштык потенциалы күч алып баратат. Азыркы көрсөткүчтөр менен болочок ыктымал делинген көрсөткүчтөр ортосундагы ажырым башка региондорго салыштырганда өтө чоң. Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар бар”.

Реформа менен өнүгүү да келет

Изилдөөгө алынган аймакта энергия булактарына бай Казакстан жана Түркмөнстан менен бирге экономикалары айыл чарба менен күн көргөн Тажикстан, Ооганстан өңдүү жакыр өлкөлөр орун алганын эстен чыгарбоо зарыл.

Ош базары
Албетте атаандаштык деңгээли да Борбор Азия өлкөлөрүндө тегиз эмес. Бирок Фарра алардын бардыгынын атаандаштык мүмкүнчүлүктөрү жогору деп ырастайт: “Айрым өлкөлөр атаандаштык жагынан өтө өнүккөн, башкача айтканда реформалардын бир нече этабы ишке ашырылып, маселен, Казакстанда чет мамлекеттерден тикелей инвестиция тартууга өбөлгө түзүлдү. Башка өлкөлөр ошол реформалардын үстүнөн иштеп жаткан кез. Муну – алардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес деп чечмелебейт элем. Алар жөн гана тиешелүү реформаларды ишке ашырууга тийиш”.

Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн аймакта бир катар ыңгайлуу шарттар бар. Алсак, алардын бардыгы Россия, Индия, Кытай өңдүү ыкчам өнүгүп келаткан экономикалардын курчоосунда жайгашкан. Ал өлкөлөр аймакка инвестиция салып турууга кызыкдар.

Ооганстанды эске албаганда чоңдор арасындагы сабаттуулук чөлкөмдө 99 процентке жетет. Дүйнөдөгү жалпы көрсөткүч 83 процентти түзөөрүн айта кетели.

Өсүш болот

Казакстан менен Түркмөнстан мунай жана газды экспорттошсо, сууга бай Тажикстан менен Кыргызстандын гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн шарттары жакшы. Ооганстанда болсо темир, жез, кобалт жана литиумдун иштетиле элек кендери көп. Буудай, пахта өндүрүү жагынан да Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү кенен.

Докладда ошондой эле билим берүү, чакан жана орто ишканаларды финансылоо жана эл керектөөчү товарлардан башка тармактарга инвесторлорду тартуу чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүүгө тийиш деген сунуш айтылат.

Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын божомолуна караганда, быйыл Борбор Азиянын экономикасы 6,6 процентке өсөт. 2010-жылкы көрсөткүч 6,7 процентти түзгөн.

Ал эми Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасы быйыл 7,1 процентке чейин өсөт деп болжолдойт.

Хор өнөрү: таланттар бар, каражат жетишсиз

Асанкан Жумакматов атындагы камералык хор

Кыргызстанда хор искусствосуна анчейин маани берилбей, Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан колдоого алынбай келет. Бул тууралуу А.Жумакматов атындагы камералык хордун 27-январдагы концертинен кийин адистер билдиришти.

П.Шубин атындагы музыкалык мектептин чоң залында көрүнүктүү композитор Калый Молдобасановдун “Бешик ыры” Асанкан Жумакматов атындагы камералык хордун аткаруусунда жаңырып турду.



Бул концертте кыргыз композиторлорунун мурда аткарылбаган акапеллалык жаңы чыгармалары угармандарга тартууланды. Акапелла - вокалдык искусстводо абдан татаал жанр катары эсептелип, музыкалык аспап менен коштолбой көп үндүү добуш менен ырдалат.

Калдыбек Нурматов
Хордун концерттик программасы Мукаш Абдыраевдин "Мен кара көз", "Олжобай менен Кишимжан", Калый Молдобасановдун "Бешик ыры", Асан Мырзабаевдин "Булут", Акимжан Жээнбаевдин "Аза күтүү" жана башка композиторлордун чыгармаларынан түзүлүптүр.

Кыргызстанда жалпысынан хор искусствосуна анчейин маани берилбей келатканын камералык хордун дирижеру, доцент Калдыбек Нурматов белгиледи.

- Хор искусствосуна мамлекет, Маданият министрлиги тарабынан эч кандай колдоо жок. Мурдагыдай хорго заказ берүү же жакшы чыгармаларды тандап алып, элге жеткиргенге акча каражаты бөлүнгөн жок. Хордун артисттеринин айлыгы да абдан төмөн.

Асанкан Жумакматов атындагы камералык хор 1974-жылы теле-радио корпорациянын алдында түзүлгөн. Мындан үч жыл мурда КТРди Мелис Эшимканов жетектеп турганда Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр менен камералык хор жоюлуп, улуттук филармониянын карамагына өткөн болчу.

Мына ушул үч жылдын аралыгында кыргыз теле-радиосунун коруна бир дагы хор же акапеллалык чыгармалар жазылбай калганын башкы хормейстр Гүлбара Маматова маалымдады.

- Азыр теле-радионун алтын фондуна жазуу абдан кыйын болуп калды. Негизинен хордун милдети хордук, акапеллалык чыгармаларды фондго жазуу болчу. Эми акча каражаты жок, материалдык кыйынчылыктардан улам фондго чыгармалар жазылбай турат.

Гүлбара Маматова камералык хор мындан эки жыл мурда Казакстанда өткөн эл аралык хор фестивалда байгелүү орунду жеңип алганын, чет өлкөгө чакырык алганы менен каражаттын тартыштыгынан улам чыгармачылык сапарга чыга алышпай турганын кошумчалады.

Гүлбара Маматова
- Түркияга чакыруу алганбыз. Тилекке каршы каражатыбыз жок бара албай калдык. Түштүк Кореядан делегация келип биздин хорду көрүп, абдан жактырып "Кореяга концерт бергиле" деп чакырышкан, ал жакка да бара албай калдык. Ушинтип көп жерден калып атабыз. Эгерде демөөрчүлөр болсо жардам берип, кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытканга салымын кошсо жакшы болот эле.

Ал эми Калдыбек Нурматов хор жанрын көркөм өнөр тармагынан өзүнчө бөлүп кароого болбостугун, тиешелүү министрлик тарабынан эгерде учурдагыдай кайдыгер мамиле улана турган болсо кыргыз профессионалдык хор искусствосу оор абалга кириптер болоорун айтты.



Маданият жана маалымат министрлигинин көркөм өнөрдү өнүктүрүү башкармалыгынан болсо хор искусствосун колдоо маселеси маданиятты ар тараптуу өнүктүрүү программасына киргизилгенин билдиришти.

Юсупов: Качкындар качан кармалат?

Жалал-Абад облусундагы өзбек коомчулугунун өкүлү Абдулло Юсупов июнь окуяларына катышы бар деп шектелген өзбек саясатчыларын тез арада жоопко тартуу менен алардын мүлкүн жабыркаган өзбектердин үйлөрүн калыбына келтирүүгө жумшоону сунуштады.

Ошол эле учурда өзбек жамааттарында качкын өзбек лидерлерин бир жактуу каралоо туура эмес деген пикирлер үстөмдүк кылат.

Сузактын тургуну Абдулло Юсупов экс-депутаттар Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана Жалалиддин Салахуддинов июнь айындагы этникалык кагылышуунун чыгышына себепкер деп эсептейт.

Юсуповдун айтымында, бийлик аталган өзбек лидерлеринин улуттар аралык мамиленин чыңалышына түрткү болгон аракеттерин токтото алган эмес. Буга Абдулло алар тарабынан окуяга чейин өзбек тектүү жарандар жашаган аймактарда саясий мүнөздөгү митингдердин уюштурулушун мисал келтирди.

Кадыржан Батыров
Мына ошондуктан өзбек коомчулугунун өкүлү Абдулло Юсупов өлкөдөн чыгып кеткен өзбек лидерлерин тез арада кармап келип, жазага тартууну талап кылды:

- Үйлөрү өрттөнүп кеткен көптөгөн өзбектердин турак-жайын толугу менен оңдоп берүүгө өкмөттүн казынасы жетишпейт. Ошондуктан буга чейин элдин эсебинен байыган К. Батыровду, И. Абдрасуловду жана Ж. Салахуддиновду бийлик кармап келип, соттоп, үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүп, анан ошолордун эсебинен жабыркаган карапайым өзбектердин үйлөрүн толук тургузуп бериш керек. Биз карапайым өзбектер алардын окуяга кандай тиешеси болгондугун жакшы билебиз.

Абдулло Юсупов маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке кайрылуу жолдоп жатышына карапайым өзбек тектүү жарандарга карата басмырлоонун күчөп жаткандыгы түрткү болгон. Анын айтымында, Кыргызстандагы өзбектердин кызыкчылыгын саясий чайкоочулукка айландырган өзбек саясатчылары качып кетишип, алардын айынан карапайым адамдар жабыркап жатышат.

Ошто өрттөлгөн мектеп
Мындан улам Абдулло Юсупов өзбек тектүү жарандардын арасында окуя кайра кайталанып кетпейби деген кооптонуу күч экендигин белгиледи:

- Кээ бир жерлерде өзбектер "кыргыздар дагы келип, бизге кол салышы мүмкүн" деген ой менен балдарын чет өлкөлөргө чыгарышып, кооптонуп жашап жатышат. Бир топ ошондой кооптонуп жаткан өзбектер мага келип, "сиз маалымат каражаттарына чыгып, карапайым өзбектердин ой-талабын бийликке айтыңыз" дегенинен чыктым. Ишти жасап койгондорду өкмөт кармай алган жок. Бирок кээ бир учурда ошол окуяларга эч кандай тиешеси жок эле адамдар камалып жатат. Ошондуктан чыныгы айыпкерлер гана жазасын алышы керек болчу. Биз бул окуяны өзбектер уюштурган деп жаманатты болууну каалабайбыз.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун арасында аталган өзбек саясатчыларын этникалык араздашууну уюштурду деп жалган жалаа жабылууда деген пикирлер да үстөмдүк кылат. Айрым өзбек коомчулугунун өкүлдөрү июнь окуяларын иликтөө боюнча улуттук комиссия Кадыржан Батыровдун, Иномжан Абдрасуловдун жана Жалолиддин Салахуддиновдин көрсөтмөлөрүн алууга аракет кылыш керек болчу деп эсептейт.

Чатырларда баш калкалагандар.
Ош шаарынын тургуну Бахром Сайдуллаев аталган адамдардын коопсуздугуна эл аралык коомчулуктун кепилдиги берилип, алардын аракеттерине укуктук баа берилиши керек экендигин белгиледи:

- Мына ошол лидерлер азыр качып жүрүшөт. Бирок алар экинчи тарап болгондон кийин аларды да угуш керек болчу. Эмне болгон, окуя учурунда алар каякта болушкан, мурдатан бийликтегилер менен эмне туурасында сүйлөшүшкөн, мына ошолордун бардыгын такташ керек да. Анан эле бир жактуу эле качып кетишти, демек күнөөсү бар деп каралай бериш туура эмес.

Ош шаарындагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчилиги болсо бардык күч-аракеттер тынчтыкты сактоого жана окуянын кайталанбашын алдын-алууга жумшалышы керек деген пикирде. Андыктан көз карандысыз иликтөөнүн жыйынтыгы менен кандуу калабанын чыныгы күнөөкөрлөрү аныкталышы зарыл деген пикирлер айтылды.

Ош шаардык өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Рашид Хожаев соттук териштирүү боло электе бир жактуу каралоодон алыс болууну сунуштады:

- Улуттук комиссиянын бүтүмүндө да ошолор баштаган деп жүрөт. Көптөгөн өзбек тектүү жамааттарда да чындыгында эле К. Батыров баштаган өзбек саясатчылары күнөөлүү болушса, кармап камакка алышсын деген пикирлер бар. Бирок алардын кандайдыр бир катышын аныкташ үчүн көз каранды эмес соттук териштирүү болуш керек да. Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, үйү күйгөн өзбектерге берүү үчүн ошондой соттун чечими болуш керек.

Абдулло Юсупов болсо карапайым өзбек тектүү жарандардын арасында алардын кызыкчылыгын коргоо жана окуянын чыныгы күнөөкөрлөрүн жазага тартууну бийликтен талап кылуу боюнча кол топтой тургандыгын убада кылды.

”Центерранын” дагы кандай сыры жана чыры бар?

Кумтөр алтын кени

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан “Центерра голд” компаниясынын эң ири акционери катары аны башкарууга тийиш деп билдирди.

Премьер-министрдин сөзүн турмушка ашыруу канчалык реалдуу?

26-январда “Центерра голддун” жетекчилиги президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда президент инвестор менен тыгыз кызматташууну жактаган.

Бирок Роза Отунбаева “Центерра голд” менен 2009-жылы жетишилген келишимди ошол кезде сынга алып, салык жаатында кемчиликтер мурункудай эле калганын белгилеген эле. Ал кезде оппозициялык Социал-демократиялык фракциянын лидери болгон Роза Отунбаева кен үчүн салык жүгү Казакстанда 28%, Россияда 46% коюлгандыгын, Кыргызстанда жок дегенде 30% коюлса адилет болоорун айткан эле.
Алмазбек Атамбаев Кумтөр кенинде, 2007-жылдын 17-ноябры.

Бюджеттин тартыштыгын толтуруу максатында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да "Кумтөр" маселесине кайрылууда. Ал Кыргызстан “Центерра голддун” ири акционери катары аны башкаруу жагын колго алыш керектигин өкмөт жыйынында билдирген.

Бул максат кандайча ишке ашырылат деген суроого жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов мындай жообун берди:

- Жердин, кендин ээси катары ошол Директорлор кеңешинин курамына эки-үч киши кошобуз деген ниетте болуп жатса керек. Анан натыйжалуу колдонуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин айтканын турмушка ашыруу кыйындыгын белгилейт:

- Кез-кезде биздин жетекчилер байкабай сөз сүйлөп алып, анан чуусу чыга берет. Чынында биз азыр 33% акцияны ээлейбиз. Ал эми дүйнө боюнча акционерлердин саны бир нече жүздөп саналат. Анан биз акционер болуп эле ошонун баарын башкарып кала албайбыз.

Белгилей кете турган нерсе, “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңеши 9 кишиден турат. Ага Кыргызстандан эки өкүл кирет. Ал өкүлдүн бирөө “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп келген. Курманбек Бакиевдин учурунда экинчи өкүл катары Киевде турган Игорь Косвин аттуу адам кирген.

"Кумтөр" таржымалы

Кыргызстан өзүнүн эң ири алтын кенин иштетүү боюнча Канаданын “Камеко” корпорациясы менен 1992-жылы келишимге жетишкен. Ал келишимге ылайык, эки тарап "Кумтөр" алтын кенинен түшкөн пайданын бөлүштүрүүнү чечишкен. Бирок канадалыктар кенди казуудан пайда түшпөй жатканын шылтоолоп, натыйжада мамлекет Кумтөрдөн өткөн жылга чейин олуттуу пайда да тапкан эмес, салык да алган эмес.
Мурдагы премьер -министр Николай Танаев

2003-2004-жылдары Николай Танаевдин өкмөтү келишимди өзгөртүү боюнча Камеко менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында "Центерра голд" компаниясы түзүлүп, анын курамына Кумтөр кени кирген. Бирок "Центеррадагы" Кыргызстандын үлүшү 33% гана ээ болуп калган. Андан сырткары ал акциялардын жарымынан көбү 82 млн. долларга ошол кезде эле сатылган. Кыргызстандын колунда 15.66% акция калган.

Ыңкылаптан кийин эмне болду?

2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин да келишим дароо өзгөртүлгөн эмес.

2007-жылы гана сүйлөшүүлөр башталып, аны ал кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев баштаган топ жүргүзгөн. Ал сүйлөшүүлөр жыйынтыгында канадалыктар Кыргызстандын акция боюнча үлүшүн 29.4% жеткирүүгө макул болгон. Бирок келишимди жакшыртуу максатында жаңы өкмөт башчы Игорь Чудинов башында турган дагы бир топ иштеп, алар Кыргызстандын үлүшүн 33% жеткирүү, жалпы өндүрүлгөн продукциядан 18% салык төлөө боюнча макулдашууга жетишкен. Бул келишим 2009-жылы апрель айында Жогорку Кеңеште ратификацияланган.

Келишимде эми эки тарап кен, үлүш, пайданы бөлүү боюнча дагы чырлаша турган болсо, анда маселе эл аралык арбитражда караларын да белгилешкен.

Акыркы келишимден кийин “Камеко” корпорациясы алтын ишкерлигинен кетип, "Кумтөргө" ээлик кылуу “Центерра голд” компаниясына өткөн. Азыркы мезгилде “Центерра голд” Кыргызстандагы ири салык төлөөчүлөрдөн. Ал быйылкы жылы 3 млрд. 656 млн. сом салык төлөй турган болууда.

Акциялар баасы

“Центерра голддун” акциялары Канаданын Торонто биржасында ачык сатылат. Кыргызстандын “Центерра голддогу” 33% акциясынын саны 77 млн. 400 миң даанадан ашык.

Акциянын баасы өткөн жылы декабрь айында көтөрүлүп, бир акция 24 Канада долларына чыккан. Бирок акыркы мезгилде айрым адамдар тарабынан "Кумтөрдү" мамлекетке кайтаруу маселеси кайрадан көтөрүлүшү акциялардын арзандоосуна алып келди. Азыркы күндө “Центерра голддун” бир акциясы 16.75 Канада долларына бааланууда.

"Кумтөрдө" 716 тонна алтын бар экенин чалгындоо тастыктаган. Кен иштегенден бери 235 тонна алтын казылып алынган.

Сырттан диний билим алып жаткандар териштирилет

Учурда чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларда Кыргызстандан канча студент окуп жатканы боюнча так маалымат жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин тек-жайын териштирүүгө киришти.

Расмий маалыматтар боюнча, чет өлкөлөрдө 500гө чукул кыргызстандык билим алат. Байкоочулар алардын так саны мындан кыйла көп болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Сырттан диний билим алууну каалагандар көп

Айрым кыргызстандыктар диний сабатсыздыгын жоюп, билим алуу үчүн Араб Эмиратына, Египетке, Түркияга жана Иорданияга барып окуп келишет. Арасында Пакистанга кеткендер да бар. Ушул тапта чет өлкөдө билим алгандардын көбү Египетте (300дүн тегереги), Сауд Аравияда 90го жакын, Сирия менен Иорданияда төрт-бештен Пакистанда элүү чакты бала окуйт. Дин ишмерлеринин айтымында, соңку убактарда чет өлкөдөн диний билим алууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, жалпысынан 500дүн тегерегиндеги кыргызстандык жаран чет өлкөдө билим алат экен. Эксперттер сыртта окуп жаткан кыргызстандыктардын саны мындан алда канча көп экенин белгилеп келишет. Эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия алардын санын тактоо аракетин көрүүдө. Дин ишмерлеринин жүйөөсүндө, мындай тактоо жарандардын кайсы багытта, кандай шартта окуп жатканын билүүгө шарт түзөт.

Аталган комиссиянын башкы адиси Юсуп Балтабаевдин айтымында, өз алдынча кеткен адамдардын тек-жайын аныктоо кыйынга турууда.

- Албетте тактоо иштери болуп жатат. Эмнеге дегенде сыртка чыгып окуган студенттер мыйзам боюнча бизден катталып кетиш керек болчу. Бирок тилекке каршы, Саудиядан башка өлкөгө чыккандар бизден катталбай эле чыгып кеткен. Египетке, Түркияга, Пакистанга туристтик виза менен барып, ал жерден документтерин даярдап окууга тапшырып кете беришет. Ал жакта ошондой жеңилдиктер бар. Ошондуктан сыртка чыккан студенттердин көбүн көзөмөлдөө кыйын болот.

Айрым маалыматтарда өлкөдөгү соңку окуялар, айрыкча түрдүү жардыруулар, жардырууга болгон аракеттер динге тиешеси бар адамдардын катыштыгы менен жасагалганы тууралуу, же болбосо алардын чет өлкөлөрдө окуп келгени айтылып жүрөт. Дин ишмерлери болсо коомчулукту козуткан, киши өлтүрүүгө барган аракеттер динди жамынган топордун колунан келерин белгилешүүдө.

Мазхабың кайсы?

Ушундан улам муфтият да чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин тек-жайын териштирүүгө киришти. Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Ниязалы Арипов чет жакта окуп жаткандардын көбү турист катары, соода кылуу максатында же дааватка барып, ошол өлкөдө калып калгандар.

- Туура эмес жакта окутуп калышы мүмкүн деген күмөндүү жактар бар да. Ошол күмөн ойлорду жок кылыш үчүн тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Ар бир өлкөдө, ар жакта жамаат болушу мүмкүн, радикалдуу багыты болуп калышы мүмкүн. Эми булар такталганда анан факт менен айтыш керек да. Бизде азыр факт жок, бирок ошондойлорго байланыштуу болуп калбасын деген негизде чет өлкөдө окугандарды тактап алалы деп атабыз. Кандай багытта окуганын, окуган китептерин, ишенимин, өзүнүн маалыматын, көз карашын, жүрүм-турумун карагандан кийин баа бериш керек.

Дин ишмерлеринин айтымында, сырттан диний билим алууга талаптанган жаштар тынымсыз көбөйгөнүндүктөн, өз жарандарынын тагдырын жана келечек адистигин мамлекет тарабынан көзөмөлдөө зарылдыгы чыгып жаткан шекилдүү.

Дин иштери боюнча комиссиянын башкы адиси Юсуп Балтабаев сыртта диний билим алып жаткан студенттерди тактоо, териштирүү иштерин мамлекеттик деңгээлде жүргүзүүнү сунуштайт.

- Ханафит мазхабына (негизги төрт мазхабдын бири) туура келбеген көз карашта окуп келгендер бар. Акырындык менен бизге бул дагы айрым маселелерди жаратышы мүмкүн. Негизи эле сыртта окуган студенттерди изилдеп чыгыш керек мамлекеттик деңгээлде. Комиссия түзүш керек, биз жогору жакка ушундай сунуш киргизели деп жатабыз. Эгер бизге зыян алып келе тургандай, коркунуч туудура турган көрүнүштөр болсо анда аларды кайтарыш керек. Мамлекеттик эмес окуу жайларда окуп жаткандарды кайтарыш керек.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык иликтөө борборунун эксперти Данияр Мурадиловго кайрылып, кайсы өлкөдө динди кандай окутат деп кайрылдык. Данияр мырза өзү Иорданиядан окуп келген экен.

- Мисалы Сауд Аривиясында ваххабизм менен салафизм – расмий мамлекеттик идеологиялык деңгээлде. Ал жерден канчалык коопту болот, болбойт алардын кийинки чөйрөсүнө байланыштуу болот. Диний жактан ичинен айырмаланат. Мисалы кайсы өлкө көбүнчө кайсы нерсеге басым кылат. Египет Фыкх жагына, Сауд Аравия куран илимдери жана хадис илимдерин изилдөөгө, Сирия суфизмге, Түркия жалпы изилдөөгө, Иордания светтик илим менен изилдейт, динди талдайт.

Бексултан Жакиев: Ант денени дүркүрөтүп турушу керек

Бүгүн коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант кармашат. Анттын куту жана куну тууралуу Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиев ой бөлүштү.

“Азаттык”: Дегеле ант деген эмне, анын кандай касиети бар?

Бексултан Жакиев: Кыргызда “жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” дейт. Биз муну бала кезден угуп чоңойгонбуз. Муну кийин унутуп койдук окшойт. Ант – бул ыйык убада. Ал убаданы бузганды “ант ургур” деп айткан. Мына ушуга ишениш керек. Адамдын ыйманы болсо буга ишенет.

Жакында депутаттарыбыз ант беришпедиби. Ушул анттын ант экенине ишенүүгө болбойт. Бул чоркок, олдоксон тил менен которулган нерсе экени көрүнүп турат. Экинчиден, ушул эки ооз сөздү мукактанбай жаттап алышса деле болмок. Менимче, бүгүн өкмөт мүчөлөрү, министрлер ошону эске алып жакшылап ант берет го деп ойлойм.

Ант деген анттай болушу керек. “Конституцияны бузсам, өлкөгө кыянаттык кылсам төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун”, деген сөздөр бар. Мына ушул сөздөр айтылыш керек. Айтылбаса анда ант ант эмес. Ант беримиш болуунун жышааны болуп калат.

“Азаттык”: Өлкөнүн эгемен тарыхында бир канча өкмөт алмашты, бир канча өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Өкмөт алмашкандан кийин алардын артында “ичип кетти, жеп кетти”, деген сыяктуу дооматтар калат. Убадасына турбаса, анда ант берүүнүн кереги деле жоктур?

Бексултан Жакиев: Ант берүүнүн кереги бар, ант бериш керек. Адам жоопкерчиликти сезиш керек да. Бирок жоопкерчилик болбой калган. “Балык башынан сасыйт”, дегендей мына качып кеткен президенттерибизди алардын тегерегинде жүргөн министрлерибиз туураган. Алар оозу-мурду кыйшайбай туруп калпты көп айткан.

Өзүңөр билесиңер, Курманбек Бакиев оппозициянын өкүлдөрү менен Ак үйдө жолугуп “эртеңден баштап КТР коомдук болот”, деп убада берген. Анын эртеси “КТР коомдук болбойт, мен муну жөн эле айтып койгом”, дебедиби. Мына ушундай нерсеге бизде көнүп алышкан. Ушул үлгү деген нерсе жакшыдан келиши керек эле. Тилекке каршы бизде жаман жосундардын үлгүсү күчтүүрөк болот окшобойбу.

“Азаттык”: Азыркы Баш мыйзамдын долбоору талкууланып жаткан чакта президенттин антынын текстине байланыштуу талкуу болду эле. Анттын кусуру урсун деген сыяктуу оор сөздөрдү кошуу боюнча, айтсаңыз дегеле кантип анттын кутун жогорулатса болот?

Бексултан Жакиев: Биздин байыртан келаткан антыбыз бар. Муну ата-бабабыз өмүр бою айткан. Манас да айткан. “Төбөсү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун”, дешкен. Ант берип жатканда адамдын денеси дүркүрөп турушу керек. Антты сезиш керек. Азыр кантип дене дүркүрөйт “мен Конституцияны сактайм деп убада берем” деп коёт. Бул убаданы да мукактанып айтышат.

“Азаттык”: Парламентте депутаттарга мандат берилип жатканда бир депутат Куран кармап ант берди. Буга кандай карайсыз?

Бексултан Жакиев: Бул эң туура эмес. Конституцияны бузгандык болуп эсептелет. Биздин өлкөнүн Конституциясы боюнча ислам бизде идеология эмес. Ислам идеология болуп эсептелген өлкө болсо, ошондо Куранды ала коюш керек. Ал жанагы Куранды чөнтөгүнөн ала коюп, ант берип жибергени биринчиден Конституцияны бузгандык, экинчиден кимдир бирөөлөргө, ошол ислам динин ыйык туткан кимдир бирөөлөргө жагынуу болду. Бул сокур кишиге деле көрүнүп турбайбы.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

Cаясатта да “кыш”

Гезиттер өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштерин, коалициялык партиялардын “биримдиги” биригүүгө эмес эле бириндөөгө баратканын сынга алган макалалар, маектер менен жарык көрдү.

“Айат” гезитине маек курган саясый серепчи Уран Ботобеков бийлик көп мүмкүнчүлүктөн ажырап калганын, эң негизгиси элдин башын бириктире турган практикалык иштер жүрбөгөнүн, түндүк-түштүк маселеси курч бойдон калып жатканын, маселен улутчулдук маанай түштүктө күч алып, коргонуу маанайындагы көз караш түндүктө болуп калганына токтолду.

Уран Ботобеков андан ары азыркы өкмөт элге ишеним бериши керектигин, ошенткенде гана митингдер токтоорун, дагы бир себеби үчөөнүн (коалициянын) программасы үч башка болгон партиялар коалиция түзүп алып, бири чөлгө, бири көлгө, бири тоого тартат болуп атканын, булардын ар бири шайлоодо чоң-чоң убадаларды бергенин, ошон үчүн коалицияга кирген партиялар биригип, өкмөттүн чоң программасын иштеп чыгуусу зарылдыгын белгилеп, бүгүн бул 3 партия элди ойлобой эле канткенде бирин бири жыга чапсак деген максат менен эле алдыга жылып баратканын айтты.

Саясат талдоочу оюн улантып, ушу тапта коалицияга кирген 3 партия тең келерки президенттик шайлоого өз талапкерлерин тандап атат деген кабар барын, ошондуктан булардын келечеги биригүүгө эмес, бириндөөгө баратканын, тилекке каршы эмдиги шайлоодо да сырткы күчтөрдүн таасири чоң болорун, алар азыртан эле өз талапкерлерин тактап, каражат жана башка жактарын сүйлөшүп атканы тууралуу маалыматтар ачык эле жүрө баштаганын кеп кылды.

“Айаттын” ушул эле санына депутат Феликс Кулов “Өкмөттү революция эмес, парламент аркылуу алмаштыруу жеңил” деген ат менен интервью берди.

“Асман преss” гезити “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын “Жаңы бийлик элдин үмүтүнө балта чапты” деген аталыштагы маегин тартуулады.

Чолпон айым өткөн жылдын эң башкы жетишкендиги – Курманбек Бакиевден кутулганыбыз болгонун, бирок бийликке тажрыйбасы, билими жетишсиз кишилер келип алып, буга дейре өлкө аймактарга, кландарга бөлүнүп келсе, эми кайрадан пролетардык-таптык тарыхка кайрылуу аракети жүрүп жатканын, тилекке каршы бул “ылаң” бардык тармакта жайылып баратканын, тим эле Вышинскийдин тушундагы соттун классикалык үлгүсүнө окшогон, 17-жылдагы таптык атаандаштарын соттогондой соттор болуп атканын, ага мисал катары Урмат Барктабасовдун жана башкалардын сотун айтса болорун баяндады.

Укук коргоочу андан ары шахматтык термин менен айтканда өлкө “мат” абалга туш болгонун, акыркы 5 жылдагы революциялык жөндөм короп бүтүп, эл да, өлкө да чарчаганын, эл 2005, 2010-жылдардагы окуялардын кайталанышын каалабай калганын, өлкөнүн азыркы жетекчилери ар бир кыймыл аракеттери менен душмандарын азайтуунун ордуна күн сайын көбөйтүп жатканын, Убактылуу өкмөттүн эң башкы күнөөсү – элдин акыркы үмүтүнө балта чабылганын, анткени Бакиевге болгон жек көрүү аябай күчтүү болуп, эл жаңы бийликке ишенгенин, эми ошол ишеним өчүп баратканын, ишеним өчкөндөн кийин аны кайра тутантуу саясатчылар үчүн абдан кымбатка турарын кеп кылды.

“Учур” гезити жаңы санын “Мамлекет криминалга уттурууда” деген ат менен генерал-майор Өмүрбек Субаналиевдин маегин тартуулады.

Түштүктөгү өзү аралашкан кандуу окуянын айрым бир көлөкөлүү жактарын сөз кылган генерал “Өкмөттүн курамына канааттанасызбы?” деген суроого, мурдагы өкмөттөр кандай болгон күндө дагы баары бир команда өңдүү иштесе, азыр 3 партия келип эле, мамлекетти бөлүп алып жатса, каяктагы команда тууралуу сөз болмогун, ушу кезде “Республика”, “Ата Журт”, КСДП партиялары ич ара ыдырап, бөлүнө баштаганын, маселен министрлер премьер-министрдин сөзүн эмес, өз партиясынын башчыларынын сөзүн угуп, ошолордун айткан-дегени менен иштеп жатканын шардана кылды.

Өмүрбек Субаналиев, бир караганда Өмүрбек Текебаевди түшүнсө болорун, анткени ал көп жылдар бою оппозицияда жүргөндүктөн ар кандай нерселерге ишенбөөчүлүк синдромун канына сиңирип алганын, ошон үчүн президенттик башкарууга өтсөк эле баары өз ордуна келет деп ойлогонун, акырында өлкө бүгүн үй-бүлөлүк башкаруудан чыкканы менен партиялык-кландык башкарууга барып кептелгенин сынга алды.

- Президенттик шайлоого досуңуз Мелис Эшимкановдор менен бирге Феликс Куловду алып чыгууга кам уруп жатыпсыздар го?-деген суроого,

Өмүрбек Субаналиев: - Азыркы учурда парламенттик шайлоого катышкан 29 партияга окшобой, бир талапкерди колдоп чыгалы деп көп саясатчылар менен кеңешип жатабыз,-деп,

-Ошол талапкер Кулов болуп калышы мүмкүнбү?-деген суроого Субаналиев:

-Болушу мүмкүн,- деп жооп берди.

Генерал акырында 93-жылкы Конституция Кыргызстан үчүн эң ылайыктуу мыйзам болорун, ошол маселени референдумга алып чыгуу керектигин айтып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү азыркы өкмөттүн колунан келбестигин, анткени өкмөттөгүлөрдүн баары бизнестен келгендер болгондуктан алар буга дейре кылмыштык топторго “алым” төлөп келишкенин, демек бир төлөп алгандан кийин ал өмүр бою төлөп турарын айтты.

“Пресс.kg” гезитине интервью берген саясатчы Бегиш Ааматов өзү көптөн бери какшап келаткан 93-жылкы Конституцияны ордуна алып келип койгондо бүгүнкүдөй революциядан кийин бийликке келгендер минтип бакиевчилерге шерменде болуп, сурак берип отурмак эместигин, ошол 93-жылкы Башмыйзам болгондо өлкөнү жеп-ичкендер, саткандар жоопко тартылып, өлкө мыйзам жолуна түшмөгүн, калк турмушу да эбак оңолуп кетмегин кеп кылды.

Бегиш Ааматов Акаев качкандан кийин анын колтугунда жүргөндөр Бакиевдин чөнтөгүн пулга толтуруп жүрүп бийликке кайра келишкенин, Бакиев качкан соң эч нерсе болбогонсуп анын тегерегинде жүргөндөр кайрадан келип олтурганын, мына ушунун баары мыйзам жолуна түшө албай жатканыбыздын себеби деп түшүндүрдү.

-Эгер тез арада мыйзамдуу жолду тандай албасак, эртең эле буларды да кубалап чыгат,-деп кошумчалаган Бегиш Ааматов андан ары Пакистанды мисалга тартып, анда да башаламандык токтобой койгондо 73-кабыл алган Башмыйзамына кайтып келгенин, Кыргызстан да 93-жылдагы Башмыйзамга кайтып келип, тартип бузгандарды жоопко тартмайын, кайра эле таз кейпибизге кете берерибизди, азыркы бийликке келгендер Бакиевден кийин этек-жеңди жыйганды унутуп, дароо эле манчыркап кеткенин да кошумчалады.

Ош окуясында ок жеген өспүрүмгө операция жасалды

Июнь коогалаңында ок жеген 15 жаштагы Зиядулла Журабаев Бишкекке алынып келди, 2011-жылдын 21-январы.

2010-жылы июнь коогасы маалында ок тийген 15 жаштагы Зиядулла Жоробаевге (Зиядулло Журабаев) Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков өзү 26-январда операция жасады. Кыргыз коомчулугу интернеттеги социалдык тармактар аркылуу Зиядулланын ал-акыбалын ырааттуу чагылдырып, ага кайрымдуулук жардамын уюштуруп келди.

26-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги Улуттук ортопедия жана травматология борборунда июнь окуяларында үч ок тийген 15 жаштагы Зиядулла Жоробаевге (Зиядулло Журабаев) ийгиликтүү операция жасалып, анын тизесинде калып калган ок алынды.

Зиядулланын апасы Одина (Адина) Журабаева шаршембидеги операциядан соң байланышкан “Азаттык” үналгысынын кабарчысына бул операция ийгиликтүү болгонун айтып, бишкектик дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Кыргыз саламаттык сактоо министри, таанымал дарыгер Сабырбек Жумабеков бир саатка жакын созулган бул операция жеңил болгонун айтат:

- Ок тизе муундун артынан кирип, эки сөөктүн ортосуна такалып калган. Ошону алып салдык. Ал ок алынбаса баланын басканына кыйын болуп, кан тамырга да зыянын тийгизмек. Кадимки эле автоматтын огу экен.

Министр мындан сырткары баланын башка жерлерине да октун чачырандылары тийгенин, бирок ал анын ден соолугуна кооптуу эмес экенин белгиледи. Бирок эгер зарылчылык болсо бул чачырандылар да алынат.

Зиядулла эми биротоло сакайып кеткенче дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Сабырбек Жумабековдун айтымында, өспүрүм эми сылтыбай түз басып калат.

Оштогу Черемушки кичи районунда жашаган Зиядуллага былтыркы 12-июнь күнү атышуулардан ата-энеси, бир туугандары менен бирге баш калкалай качып баратканда ок тийген.

Кансырап жатып калган өспүрүмдү дароо Оштогу балдар ооруканасына жеткиришип, денесинен октор алынган.

Бирок бир жак бутунан аксап жатканынан улам, жергиликтүү дарыгерлер баланын бутунда октун сыныгы калган болушу мүмкүн деген шек менен Бишкекке жиберишкен эле.

Кыргызстандын коомчулугу, анын ичинде жергиликтүү укук коргоочулар жана карапайым атуулдар, интернеттеги FaceBook сыяктуу социалдык тармактар аркылуу Зиядулланын ал-акыбалын ырааттуу чагылдырып, ага жана бащка былтыркы коога маалында жабыр тарткан балдарга кайрымдуулук жардамын уюштуруп келди.

Былтыркы улуттар аралык кагылыш камтылган алааматтуу июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, Кыргызстандын түштүгүндө былтыркы кагылыштан каза болгон 426 адамдан тышкары 1930 адам ар кандай жараат алган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги болсо медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 2300дөн ашык деп билдирүүдө. Бирок алардын канчасы жаш балдар болгону жаатында мамлекеттик органдарда да, бейөкмөт уюмдарда да азырынча так маалымат жок.

“Ата Мекен” Путиндин ысмын чокуга берүүгө каршы

“Ата Мекен” фракциясы Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине орус премьер-министри Владимир Путиндин ысмын ыйгаруу демилгесин четке каккан чечим кабыл алды.

Аталган фракциянын депутаты Жоомарт Сапарбаев бул демилге мыйзамга кайчы келгени аз келгенсип, кыргыз бийликтеринин кошоматтыгы катары кабыл алынарын айтат.

“Азаттык”:
Жоомарт мырза, сиздер өкмөттүн бул демилгесине эмне үчүн каршы болуп жатасыздар?

Жоомарт Сапарбаев: Биринчиден, бул жаңылык күтүүсүз чыкты. Эч ким күткөн эмес. Менин жеке оюмда, тилекке каршы Кыргызстан тышкы саясатты өнүктүрүүдөн кайра эле тышкы кошоматты өнүктүрүүгө жол алып жатат. Бул жакшылдыкка алып келбейт. Биз эмнеге каршы болуп жатабыз? Бул мыйзам бузуу болуп жатат. Кыргызстандын атын географиялык аймактарга коюу жөнүндө мыйзам боюнча тирүү адамдын ысмы тоо болобу, чоку болобу, ушундай географиялык аймактарга коюлбайт. Тилекке каршы, бизге ушундай маалымат келип жатат. Өкмөт Путиндин ысмын коюу үчүн ушул мыйзамды өзгөрткөнгө аракет кылып жатыптыр.

“Азаттык”: Парламентте бул боюнча башка дагы кандай пикирлер айтылып жатат?

Жоомарт Сапарбаев: Башка пикирлер болуп жатат. Бүгүн биз фракцияда аны талкууладык. Колдогондор да болуп жатса керек.

“Азаттык”: Колдогондор кандай жүйөөлөрдү айтып жатат?

Жоомарт Сапарбаев: Фракциядан мен уккан жокмун. Бирок башкаларды угуп олтурсак, “Бул тышкы карым-катышты күчтөнтөт. Россия менен болгон мамилебиз күчтөнөт” деген пикирлер айтылып жатат. Бирок өзүңүздөр көргөндөй, акыркы жыйырма жылда кошоматчылыктан Россия, же башка өлкөлөр менен биздин мамилебиз күчтөнгөн эмес. Болгону жаман жыйынтыктарын алып келген.

“Азаттык”: Сиздер каршы болуп жатасыздар. Бул кыргыз-орус мамилесине залакасын тийгизип калбайбы? Кыргызстан азыр экономикалык жактан көз каранды болуп турган чакта бир кесепети тийбейби?

Жоомарт Сапарбаев: Эми биз каршы чыккандан эч бир кесепети тийбесе керек. Мен билгенден Владимир Путин да кошоматтыкты жаман көрөт. Мен кызыгып жатам. Бир күнү кат жазып көрсөмбү деп жатам. Ал өзүнүн ысмын ыйгаруу боюнча биздин өкмөттүн демилгеси туурасында билет болду бекен? Экинчи суроо - эмнеге Путин, а эмнеге президент Медведевдин атын бергиси келбейт. Менин оюм боюнча, бул жерде бензинге болгон баа, экономикалык карым-катнаш менен ушул кошоматтык кадамдын ортосунда эч бир тиеше жок.

“Азаттык”: Анда өкмөттүн башка дагы кандай кызыкчылыгы бар деп ойлойсуз?

Жоомарт Сапарбаев: Эми албетте ар кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Биз мыйзам бузулушуна каршы болуп жатабыз. Мыйзамды бир адамдын, бир иштин кызыкчылыгына карата өзгөртүү мүмкүн эмес. Бул туткан тутумдардан артка кайтуу. Бул саясий эрксиздиктин жоктугун көрсөтүп жатат. Ошого каршы чыгып жатабыз.

“Азаттык”: Буга чейин дагы Кыргызстандагы чокулардын бирине Борис Ельциндин да аты берилген эле. Анда ошол кезде эле мыйзам бузулган экен да?

Жоомарт Сапарбаев: Тилекке каршы бизде ушул мыйзамдар көп бузулуп жатат. Бирок эртедир-кечтир биз мыйзам бузууну токтотушубуз керек. Кылган саясатыбызды Кыргызстандын кызыкчылыктарына таяп жасообуз керек. Тышкы кошоматтан тышкы саясатка өтүүбүз керек. Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо керек. Ал эми бул чокуга Путиндин атын берүү эч бир өлкө кызыкчылыгына төп келбейт. Бүгүн бизде фракцияда айтылды. Ал тоонун өзүнүн тарыхый аты бар экен. Кыргызстанда ар бир тоонун, чокунун тарыхый аты, таржымалы бар. Ошону эске алыш керек.

“Азаттык”: Коомчулукта Кыргызстанда чокулар көп, эмне үчүн кызганып жатышат деген да пикирлер болууда?

Жоомарт Сапарбаев: Эми кеп кызганганда эмес. Эми Кудай сактасын бирок, кийин деле коюп койсо болот. Бирок азыр биз бир адамдын атын коюу максатында мыйзамды өзгөртүүгө жол берип алсак, анда туура Кыргызстанда чокулар көп, анда Бакиевди сактап калган Лукашенкого да берели. Дагы Кыргызстанды сактап калдык деп жүргөн лидерлер бар. Анда ошолорго берели. Анда Кыргызстандын тоолорунун, тарыхынын баалуулуктары эмнеде.

“Азаттык”: Бул маселе дагы качан каралат?

Жоомарт Сапарбаев: Азыр белгисиз. Бизге маалымат келгендиктен биз карадык. Мен билгенден өкмөт баары бир муну Жогорку Кеңешке коёт. Анткени өкмөт чокуга атын коёбуз деп жоопкерчиликти алып алган.

“Азаттык”: Рахмат маегинизге.

Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку Сот карай баштады

Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусундагы сотто, 2010-жылдын 10-ноябры.

Базар-Коргон райсоту өмүр бою эркинен ажыраткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун актоочуларынын көзөмөл арызы Жогорку Сотто каралууда.

Буга чейин жактоочулар анын июнь окуялары учурунда Базар-Коргондогу башаламандыктарга катышы жок экендигин далилдеген материалдарды жергиликтүү соттук инстанциялар көңүл сыртында калтырганын айтып келишкен.

Кошумча материалдар сот өндүрүшүнө кабыл алынды

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун актоочулары Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук соттору кабыл албай койгон кошумча материалдарды кылмыш ишине тиркөө боюнча Жогорку Сотко өтүнүч келтиришти. Анда айыпталуучу тараптын башаламандыкка катышпагандыгын жана улуттар аралык кагылышууну уюштурбагандыгын далилдеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү келтирилген.

Жогорку Соттун кылмыш-жазык иштери боюнча коллегиясына төрайымдык кылуучу Перизат Абакирова айыпталуучу тараптын актоочуларынын өтүнүчүн канааттандырды:

- Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 122-125-379- беренелерин жетекчиликке алып, сот аныктайт: Адвокаттар: Токтакунов, Загибаев, Калмынов жана Фоминанын келтирген өтүнүчтөрү канааттандырылсын. Алар берген иш кагаздары жазык ишине кошулуп тиркелсин. Аныктама акыркы жана даттанууга жатпайт.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров жана башка жети адам чек арага барган Базар-Коргондун акимин барымтага алууга аракеттенген жана башаламандыкты уюштурган деп айыпталууда. Мындан сырткары милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун өлтүрүлүшүнө алардын катышы бар деген кине коюлган.

Айыптоочу тараптын күбөлөрүн камсыздоо аракети

Азимжан Аскаровдун Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаковго окуяга чейин Базар-Коргонго өзбек тектүү адамдардын курал алып келгени боюнча маалымат бергени айтылып жүрөт. Андыктан жактоочу тарап коогалаң туурасында эскерткен адам аны уюштурууга батынбайт деген жүйөөнү карманып келүүдө.

Мына ошондуктан Нурбек Токтакунов сотко күбө катары азыр Жогорку Кеңештин депутаты болгон Исмаил Исаковду чакыртуу буга чейин мүмкүн болбой келгенин белгиледи:

- Башында эле мен Исмаил Исаковду күбө катары чакырууну сурансам ал жактан бул жактоочу тараптын өзүнүн маселеси деп көңүл бурбай коюшкан. Ал киши чоң саясатчы, биз оңой менен ага жолуга албай койдук. Сиздер чакыруу жөнөтпөсөңөр келбейт экен деген өтүнүч четке кагылган болчу. Азыр берген маалыматты тастыктоо үчүн Азиза Абдрасулованын жана Абдиназар Маматисламовдун күбө катары берген көрсөтмөлөрүн алып келдим. Алар өз көздөрү менен Азимжан Аскаров генерал Исмаил Исаковго кооптуу жагдай тууралуу жазуу жүзүндө берген маалыматына күбө болушкан экен.

Жабырлануучу тарап ишенбейт

Анткен менен жабырлануучу тарап укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жана анын шериктери деп саналган башка жети айыпкердин башаламандыктын башында турушкандыгынан шек санабайт.

Июнь окуяларынын учурунда өлтүрүлгөн милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун бир тууган агасы Нурмамат июнь айындагы кандуу окуялар алдын-ала даярдалган деп эсептейт:

- Буга күбөлөр бар. Булардын кара ниет ойлорунун өзөгү жөн эле менин инимди гана өлтүрүү жөнүндө эмес, алардын Кыргызстан мамлекетине каршы чыккандыгында болуп жатат. Булар бир ай, бир жарым ай мурун даярданышып, үй-бүлө бала-чакаларын Өзбекстанга жөнөтүшүп, өздөрү калгандыгын кандай түшүнсө болот. Мына ошол иштердин башында ошолор тургандыгын баардыгы билишет.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароодогу жагдайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кетирилген кемчилик катары өздөрүнүн кайрылууларында мисалга келтиришкен. Бул жолку сот олтурумуна да Германиянын элчиси, АКШ элчилигинин жана ЕККУнун Бишкек бюросунун өкүлдөрү байкоо салууда. Жараянда мамлекеттик айыптоонун жана жактоочу тараптын көзөмөл арыздарында көрсөтүлгөн жүйөөлөрү окулуп чыкты. Сот иши 27-январда уланат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG