Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 12:16

Кыргызстан

Калктын капчыгын каккан күйүүчү май

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөт башчысы Орусияга алгачкы иш сапары маалында Кыргызстанга экспорттоло турган күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алып салуу тууралуу макулдашып кайткан. Натыйжада кыргызстандык керектөөчүлөр үчүн күйүүчү майдын баасы кыйла арзандоого тийиш. Бирок күйүүчү май базарында баалар мурдакы бойдон сакталууда. Бензин баасы качан жана кандай шарттарда арзандайт?

Мунайга баанын кымбаттоосун күйүүчү май ташып келип саткан ири компаниялар биринчиден, Омск шаарынын мунайзат ишканасында өндүрүлгөн мунай продуктуларынын өздүк баасынын көтөрүлүшү, экинчиден, Орусия экспорттолгон күйүүчү майларына кошумча бажы төлөмдөрүн киргизиши менен түшүндүрүп келишкен.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөт башчысы Алмаз Ататмбаев Орусияга иш сапары менен барып келди. Сапардын жыйынтыктарынын бири катары, Кыргызстанга экспорттолуп жаткан мунайга кошумча бажы төлөмдөрдү жаңы жылдан кийин алып салууну макулдашып келгенин билдирген. Бирок мунай базарында баалар дале арзандай элек. Мунун себептерин “Газпром Нефть Азия” ишканасынын маалымат катчысы Өмүрбек Сатаев мындайча түшүндүрдү:

- Азырынча Орусия тарабынан тийиштүү токтом чыга элек. Буга Орусияда 10-январга чейин болуп жаткан каникулдар себеп. Азырынча биздин кампаларда бир, бир жарым айга жете тургандай эски запастарыбыз бар. Алар болсо, өзүңүздөр билгендей, эски баалар менен алынган. Ошондуктан жаңы баадагы күйүүчү майларды айдын аягында сата баштайбыз деген пландар бар.

Ал эми Экономиканы тескөө министрлигинин тышкы соода саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Анархан Рахманова учурда Орусия өкмөтү менен Кыргызстанга экспорттолло турчу күйүүчү майдын көлөмү такталып жаткандыгын билдирди:

- Баягыда биз Орусияга барганда бензин боюнча баланс түзүп келдик. Кыргызстан канча күйүүчү май сарптады, үстүбүздөгү жылы канча талап кылынат, ушунун баарын тактап туруп келишим түзөбүз. Маселен 2009-жылы Кыргызстан 1 млн. 277 миң тонна күйүүчү май керектеген. Жаңы жылда 1 млн. 300 миң тоннадай импорт кылабыз го.

Кымбаттоо апрелде башталган

Орусия Кыргызстанга экспорттолуп жаткан мунайга бажы төлөмдөрүн 2010 жылы 1-апрелден тарта киргизген. Айрым адистер мындай кадам менен Орусия КМШ мамлекеттер ортосундагы “Эркин соода кылуу зонасы” боюнча келишимди бузганын айтышкан. Бирок КМШ жана ЕврАзЭШ иштери боюнча Кыргызстан өкүлү Базарбай Мамбетов мурдагы бийлик маалында Орусиядан арзан баада келген мунайды Кыргызстан реэкспорт кылып Орусиянын ачуусуна тийген деп билдирди. Анын айтымында, мындай коррупциялык схеманын башында мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев турган.

- Жеңилдетилген тариф менен келип жаткан мунай продуктуларынын чоң бөлүгү реэкспорт менен Кытайга, Ооганстанга кетип турган. Ушундай кылгандан кийин биз силерге азыр, 1-апрелден тарта күйүүчү майларды кошумча бажы төлөмдөрдү киргизүү менен жөнөтөбүз деген талапты коюп, ошондой күнөө менен 1-апрелде киргизген.

Базарбай Мамбетов Орусиянын мындай талаптары жүйөлүү болгонун кошумчалап, азыркы тапта кыргыз өкмөтү Орусиядан алып келинген күйүүчү майды ал өлкөнүн уруксатысыз реэкспорт кылбайбыз деген шарт менен мунайга бажы төлөмдөрдү алдырууга көндүрүп жатканын билдирди.

Дегинкиси, эгер мунай базарында кырдаал туруктуу болуп турса Кыргызстанда күйүүчү майлардын баасы жакынкы айларда 6-7 сомго арзандайт деп адистер ишендиришүүдө.

Ал эми 38 сом 30 тыйын деген баада май куюп, унаасы менен такси кызматын көрсөткөн Болот мырза "күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөн сайын үйдөгү азык-түлүктүн көлөмү азайат" деп кабатыр:

- Бизге окшогон таксисттерге эмес, бардык эле карапайым элдин чөнтөгүнө кыйын болуп жатат. Бензин кымбаттап, кирешебиз эки эсе азайды. Азыр үйгө анча-мынча эле чайлык алып барабыз, болду. Негизинен тапкан акчаңдын көбү эле кайра унаа тетиктерине кетет.

Ызгаардуу кыштын сүрү күч

Кыш чилдеси Кыргызстанга да бир топ көйгөйлөрдү алып келүүдө. Колу-бутун үшүккө алдыргандар арбып, электр кубатын артыкбаш урунуудан улам айрым аймактарда электр станциялары иштен чыга баштады.

Ошентип кыш чилдеси чыкылдап, каары артууда. Сыртта бир пас тура калсаң, бети-башың чымырап чыдабай кетесиң.

Акыркы апталарда тайгакта жыгылып кетип, колу-бутун кокустаткандар көбөйүп жаткан экен. Муну Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Жаныш Сулайманов да бышыктады:

- Күнүнө кырк-элүүдөй киши түшүп жатат. Булардын үчтөн экиси жаткырылат. Негизи үшүк менен жаткандар, сынык менен, күйүк менен жаткандар бар. Булардын көпчүлүгү селсаяктар. Сыныкка кабылгандардын жашын алып караганда көбүнчө кары-картаңдардыкы көп сынып жатат. Анткени алардын сөөктөрү морт болуп колдон же буттан сынат да.

Денесин үшүккө алдыргандар көп


Жаныш Сулайманов акыркы аптада эле 300дөй адам ооруканага кайрылганын айтууда. Алардын көпчүлүгү бир мүчөсүн үшүккө алдырып жиберишкен.

34 жаштагы Омор Айтбеков жакында борбор калаада ачык асман алдында уктап калып, бутун үшүтүп алган экен.

- Мастыктын айынан болду. Суук болчу. Туулган күн өткөрүп жатканбыз. Скамейкада отуруп туулган күн өткөрүп жатканбыз. Шашлык жасаганбыз. Албетте спирт ичимдиктери көбүрөөк болчу. Уктап турсам, бутумду сезген жокмун. Анан жанымдагы достор тез жардам чакырып, ооруканага алып кетишти.


Электр станцияларына күч келүүдө


Айтор, чилде күч алганы өзгөчө үй-жайсыздарга кыйын болууда. Бишкектеги моргдун маалыматы боюнча, кыш менен кошо шаар ичинде тоңуп калгандардын саны көбөйдү. Ал эми үйлүү-жайлуулар болсо турак-жайын жылытуу үчүн электр кубатын көп сарптай баштаган экен.


“Түндүк электр” акционердик коомунун маалыматы боюнча, айталык, план боюнча бир суткада Бишкек шаары 9 миллиондон кВт/саат электр энергиясын колдонушу керек болсо, ушул тапта суткасына12 миллион кВт/сааттан көп электр энергиясын жагып жатат. Мындан улам станцияларда чыңалуу көбөйүп, авариялык өчүрүүлөр болуп жатканын “Түндүк электронун” басма сөз катчысы Гуля Мамбеталиева маалымдады:


- Биздин тетиктерге, зымдарга күч келип жатат. Ошол себептен авариялык өчүрүүлөр кездешүүдө. Мисалы, кечээ Бишкек шаарында жогорку чыңалуудагы линияларда авариялар болду. Трансформаторлорго жүк абдан көбөйдү.

Ушул тапта Кыргызстандын аймагында абанын температурасы орто эсеп менен түнкүсүн - 5 – 15 градусту, күндүзү 5 – 5 градусту түзүп жатат.

Сууктун күчөшү менен жылуулуктун жетишсиздигине нааразы болгондор да бар. Кантсе да бул жылы жылуу суу жана жылуулук менен камсыз кылуу жаатында маселе чыкпай тургандыгын “Электр станциялары” коому ишендирүүдө. Аталган коомдун директорунун орун басары Абдылда Исраилов билдиргендей, азыркы тапта жылуулук үчүн отун, көмүр, мазут башка жылдарга жетиштүү:

- Кудай кааласа азыр ТЕЦте тогуз казан иштеп жатат. Дагы төрт казаныбыз резервде турат. Суук күчөп бара жатса биз дагы кийинки казандарды ишке киргизе беребиз.


Январда аба ырайы климаттык нормада болот


Жолдордун тайгак болушу кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Мисалы, акыркы үч суткада Кыргызстандын аймагында 33 унаа кырсыгы катталып, андан 35 адам каза тапкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында кар көчкүлөр каттала баштаганын кабарлады. Канткен менен "январь айында адаттан тыш суук болбойт" деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Абдушарип Бекилов:


- Январь айында бизге аба ырайы боюнча алдын ала божомол түштү. Анда айтылгандай алдыңкы айда бизде климаттык нормадан бир градус жогору болот. Башкача айтканда жылуу болот. Кыргызстандагы Нарын облусунда климаттык нормада эле болот. Климаттык норма деген акыркы 30 жылдагы Кыргызстандагы аба ырайын алып туруп ошонун орточо температурасы менен чыга турган эсеп да.

Азыр дүйнөнүн бир катар өлкөрүндө суук каары күч болуп турган чак. Алсак Орусия чыкылдаган чилде адатта бир аз күндөн кийин Кыргызстанга келерине көнүп калышкан. Бирок синоптиктер бур сапар орус суугу Кыргызстанга жетпей, күчүнөн кетет деп көңүл сооротууда.

Окуусун таштап, компьютерге акча тапкан Нурбек

Ош шаарынын базарында бир нече бала араба түртүп күнүмдүк турмушуна тыйын табат. Алардын айрымдары жетим болсо, кээ бирлери каражаттын жетишсиздигинен улам ушундай ишти тандап алган. Бирок алардын арасында компьютер сатып алуу үчүн иштеген бала да бар.

Нурбек кардарлардын бир кап пиязын базардан 200 метр алыстыкта жайгашкан унаа токтой турган жайга 10 сомго жеткирет. Жүк көбүрөөк болсо кээде 50 сомго чейин алат. Нурбек ушул эмгеги менен күнүнө 200-300 сом каражат табат. Ал тапкан акчасын өзүнө компьютер алуу үчүн топтоп жатат. Айылда ата-энесинин жумушу жок болгондуктан Нурбек мектепти таштап, өзүнө-өзү кам көрүү үчүн шаарга иштегени келген.



Айылдан жаңы келген бала алгач араба түрткөнгө көнө албай кыйналган. Бирок акырындап баарына үйрөнүп кетти. Азыр көбүнчө картошка, пияз, сабиз ташыйт. Ал күнүгө 11-12 саат иштейт:

- Эртең менен саат 7-8дерде жумушка келебиз, ошо менен кечки саат алтыга чейин араба түртүп иштейм. Биринчи келгенде үйрөнө албай кыйналгам. Бир жолу араба колумдан чыгып кетип, бир унаанын фарасын сындырып алып таяк жегем. Азыр кыйла эле көнүп калдым. Каерге алып барыш керек экендигин, каерде жакшы иш болорун мыкты билип калгам. Оор деле эмес, чыпта көп болуп калганда бир арабага 10-12 кап жүктөп ташый алам, болбосо 2-3 кап болот. Көбүнчө картошка, сабиз анан жемдерди ташыйм.

Учурда бул базарда араба түртүп иштеген балдар көп. Бири Нурбекке окшоп бир нерсе сатып алгысы келип иштеп жаткан болсо, айрымдары ата-энесиз калып ушул жумушка баргандар. Ар кимисинин өзүнчө түйшүгү бар. Керек болсо алар иштечү жерлерин бөлүштүрүп да алышкан:

- Бул жерде азыр 30 чакты бала иштейбиз. Иштей турган жерлерибизди бөлүштүрүп алганбыз. Жарымыбыз шоколад базарда, жарымыбыз азык-түлүк базарда, калгандары жер-жемиш базарда болушат. Анан кээде жогорку “Келечек” базарына да чыгып иш кылабыз. Ал жерде да көп иш болот.

Нурбек азыр 15 жашта. Ал тапкан акчасына компьютер алгандан кийин жогорку окуу жайына акча чогулта баштайт. Келечекте милициянын окуусун бүтүп, тартипти сактагысы келет. Нурбек “Ата мекенди коргоо – менин башкы милдетим” деп билет:



- Келечекте милиция болгум келет. Анткени тартипти сакташ керек. Форма кийип алып, машинелерди тососуң. Мен ошого кызыгам. Азыр биринчи компьютер алсам, анан дагы акча чогултуп окууга тапшырам. Окууну бүткөндөн кийин Орусияга барып иштеп, үйдөгүлөргө жардам беришим керек. Анан сөзсүз аскерге барып, Ата мекенди коргойм.

Шериктештик кубогу: “Нефтчи” үмүт актайбы?

Футболдон Шериктештик кубогу 15-январда Санкт-Петербургда башталат. Быйыл Кыргызстандын намысын Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы коргомокчу.

Буга чейин Шериктештик кубогуна Нарындын “Дордой” клубу гана катышып келген эле. Кыргызстандыктар Шериктештик кубогунда бир да жолу жеңишке жетишкен эмес. Ал жаман салтты кочкораталыктар буза алабы?

2010-жылы өлкөнүн чемпиону болгон Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Шериктештик кубогуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына 13-январда аттанып кетишет.

Алардын атаандаштары "А" тобунда Азербайжандын чемпиону "Интер", Молдованын жеңүүчүсү "Искра-Сталь" жана Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командалары болмокчу.

Биринчи беттешүүлөр 15-январда башталат. 19-январда чейрек финалдык оюндар болот.
Жарым финалдык беттешүүлөр 21-январда, финалдык баш байге үчүн таймашуу 23-январда өтөт.

15-январда “Нефтчи” командасы Азербайжандын чемпиону "Интер" менен беттешет. Эртеси күнү кыргызстандык футболчулар Молдованын жеңүүчүсү "Искра-Сталь" командасы менен таймашка чыгат. 18-январда Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командасы менен ойнойт.

Команданын жетекчиси Медер Сыдыков Шериктештик кубогуна камылга көрүп, катарына “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Шер” футбол клубдарынан мыкты оюнчуларды кошуп алышканын жашырбады.

- Машыгуулар чынында мен ойлогондой болуп жатат. Себеби Кочкор-Атада жасалма кыртыштуу футбол талаасы болбогондуктан, машыгуу үзгүлтүккө учурап калбасын деп 2-январдан бери Бишкекте өткөрүп жатабыз. Бишкекте гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Санкт-Перетбургда дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Ал жакта атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Команданы күчтүүлөп катарыбызга “Абдыш-Ата”, “Алга”, “Шер” футбол клубдарынан мыкты оюнчуларды кошуп алдык. Калганын мелдеш көрсөтөт да.

Колдоо да, жеңиш да жок

Футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаев намысты сактоого аракет кылышарын айтып, бирок баш байгеге талапкер болуу кыйын экенин жашырбады.

- Даярдык орточо. Атаандаштар да күчтүү командалар. Биздин жигиттер мындай ири мелдештерде такшалып, тажрыйба гана алып келет го.

Футболдон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруусу Бообек Кадыркулов Шериктештик кубогунун деңгээли төмөндөп баратканын айтты. Ал футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгиледи:

- Быйыл да үмүттү "Нефтчи" командасы актай албайт го. Себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын. Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын “Дордой” командасы ири эсеп менен жеңилип келип, ишенич акталбай келатат. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек. Жыл өткөн сайын Шериктештик кубогунун деңгээли да төмөндөп баратат.

"Дордой" командасы
Шериктештик кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары жыл сайын ири эсеп менен утулганын «Заман-Кыргызстан» жумалыгынын баяндамачысы Табылды Асыгалиев да айтты.

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт бар. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт.

Өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Ар бир облуста жок дегенде бирден команда болуп, атаандашып турса дурус болмок.

Тилекке каршы Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмоюн өлкөдө футбол өнүкпөйт жана мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө кетип кала бермекчи.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө. Ошондон бери эл аралык мелдештерге катышып келет. Он жети жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Шериктештик кубогуна катышканы менен ийгиликке жетпеди.

Өлкөнүн алты жолку чемпиону "Дордой" командасы Шериктештик кубогуна алты ирет катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес.

Айгүл Рыскулова: Миграция 10 пайызга өстү

Мурдагы эмгек, жумуштуулук жана миграция министри, президенттин кеңешчиси Айгүл Рыскулова “Азаттыкка” миграциялык абал тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Соңку учурда айрыкча Ошто, Бишкекте миграциялык маанай күчөгөн экен. Сиз бул көрүнүштү тастыктай аласызбы? Чын эле кеткендер көп болуп жатабы?

А. Рыскулова: 2010-жылдын жыйынтыгын алсак, миграция 2009-жылга караганда 10 пайызга көбөйдү десек туура болот. Анткени статистика ошону көрсөтүп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия тарапты көздөй кетишкен.

“Азаттык”: Азыр негизинен кимдер кетип жатат? Алардын социалдык абалы, квалификациясы кандай?

А. Рыскулова: Эмгек мигранттарынын 90 пайызын кыргыздар түзөт. Алар жумуш издеп кеткендер. Ал эми он пайызы ар кандай себептер менен кеткен, башка түрдөгү миграция болуп жатат. Эгерде орус тектүүлөрдү алсак, азыр Орусияда мурунку Советтер союзунда жашаган орустарды тарыхый мекенине кайтаруу боюнча эки чоң программа бар. 2010-жылы бул программа боюнча Кыргызстандан 2400 адам кетти. Андан башка 600 адам Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көчүрүү боюнча чоң келишимдин негизинде кетишти.

“Азаттык”: Сиз министр болуп турганда миграциялык абалдын себебин иликтедиңиздер беле? Негизгилерин белгилеп өтөсүзбү?

А. Рыскулова: Эгерде 2010-жылды алсак, бул жерде экономикалык себептер да бар. Бул - эмгек миграциясы.

Анан түштүктөгү июнь окуясынан кийин кетүүгө мажбур болгондор да болду. Кыргызстандын кээ бир өзбек тектүү жарандары Орусияга барып качкын макамын сурашкан. Бирок бүгүнкү күндө Орусия бир дагы кишиге андай макам берген жок.

Бирок бир жылдын ичинде 40 миңге жакын биздин өзбек тектүү жарандар чыгып кеткен. 2008-2009-жылдары өлкөдөн жарандар негизинен экономикалык себептерден улам, иш издеп чыгып кеткен.

“Азаттык”: Ошол эле учурда Кыргызстанга келип аткандар барбы?

А. Рыскулова: Келип аткандар да бар. “Миграциялык сальдо” деп коет. Анда албетте өлкөдө келгендерге караганда чыгып кетүү көп болот. Бирок өлкөдөн кетип калып кайра келип жаткандар да бар. Жыл сайын болжол менен 20-30 миңдин тегерегиндеги адам кайтып келет. Булар мурун жарандыктан чыгып кетип кайра келип жаткан өзүбүздүн эле жарандарыбыз.

Кошуна мамлекеттерден, Өзбекстандан, Тажикстандан, Орусиядан келгендер бар. Келгендердин 5-10 пайызы 1991-жылдары Союз кулаганда Кыргызстандан чыгып кетип кайра келген орус, өзбек корей тектүүлөр.

“Азаттык”: Миграция өлкөнүн демографиялык-экономикалык абалына кандай кесепетин тийгизиши ыктымал?

А. Рыскулова: Эгерде ушундай эле жүрүш менен улана турган болсо Кыргызстандын демографиясына кесепети тийиши мүмкүн. Анткени биздин калкыбыз 5 миллион болгону менен эмгекке жарамдуулардын саны 2,5 миллиондон ашпайт.

Ошол эле убакта 600 миңдей биздин эмгекке жарамдуу, активдүү жаштарыбыз сыртта жүрүшөт. Менимче бизде 10-15 жылдан кийин бизде демографиялык проблемалар жаралышы мүмкүн.

“Азаттык”: Четте жашаган кыргыздарды тарыхый мекенине кайтаруу боюнча “Кайрылман” деген өкмөттүн программасы бар эмес беле. Бул программа жемиштүү боло алдыбы?

А. Рыскулова: “Кайрылман” программасы иштеп жатат. Бирок анын иши жетиштүү эмес, натыйжалуулугунун аз болуп жаткан себеби мамлекет тарабынан бир да тыйын бөлүнбөй жатат.

Биздин кайрылман кыргыздарга каржылык жардам, үй берүү, же болбосо үй салганга насыя берүү маселелери чечилбей жатканын улам “Кайрылман” программасынын 50 пайызы натыйжасыз иштеп жатат. Мекенине кайтып келебиз деген кыргыздарга жакшы жардам бере албай жатканыбыз чын.

Бирок ошол эле убакта программа кайрадан иштелип чыкты. Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кайрылмандарга илим-билим, саламаттыгын сактоо, маданият жаатта жоопкерчилигин көтөрүү каралган. Бул программа иштеши керек жана иштейт, мамлекет көңүл бурат.

“Азаттык”: Рахмат.

Күүнүн сырын билген дарыгер

Дарыгер, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү Мейманжан Жээналиев медицинада бөйрөк боюнча адистигин терең өздөштүрүп, бала кезинен бери комузду колунан түшүрбөй келет.

Комуздун үч кылын ичке манжалары менен элпек басып “Насыйкатты” ийнине жеткире аткарып жаткан дарыгер Мейманжан Жээналиев мага күүнүн ыргагына муюп, кылымдын добушун тыңшап отургансып кетти.



Анын комузга ышкысы бала кезинде калыптанып, беш жашынан баштап комузчуларды туурап “Чычкандын күүсү”, “Мышыктын күүсү” деп күүгө окшобосо деле чертмекти черте берчү экен.

Анын айтымында, Мейманжан деген ысым энесинин курсагында жатканда эле аян менен коюлуп, кийин ал төрөлгөндө “аты Мейманжан болсун” деп азан чакырылат.

Музыканын дарылык касиети

Ал туулуп өскөн Сары-Камыш айылы Жумгал району менен Токтогул районунун чектешкен жеринде жайгашып, ары бери өткөн элдик таланттар, өпөрпоздор айылга “ат тезегин кургатпай” каттаганынанбы ар бир үйдө комуз илинип, өнөргө жакын, сөзгө чечен, санжырага жакын адамдар көп болуптур.

Мейманжан Жээналиев өткөн доордун алтымышынчы жылдары Медициналык институтта окуп жүргөндө студенттердин комузчулар ийримин жетектеп, окуу жайдын атынан республикалык кароо-сынактарда байгелүү орундарга жетишет.



Өнөргө кызыгуу аркылуу дүйнө таанымы бай болорун, догдурлук кесибине комуздун күүсү шыкак бергенин белгилеген дарыгер, сыркоо адамдын дартын аныктоодо, аны кеселден сакайып кетүүсүнө ишеним арттырат деп эсептейт:

- Догдурлук кесип өзгөчө кесип. Соо адам келбейт да догдурга. Бир көйгөйү бар адам келет да. Бир муңдуу адам келет. Кайгы баскан адам келет. Анан ошол ар бир адам менен жаш бала болсо жаш баладай, кемпир болсо кемпирдей, карыя болсо карыядай, жашы болсо жаштай сүйлөшүп, сырдашып, ар биринин тилин таап сүйлөшүш керек. Алардын ар биринин тилин табыш үчүн аң сезимдин тиешелүү деңгээлде аң-сезим да өрчүп жетишиш керек. Ал эми искусство жагы бул адамдын аң-сезимин көтөрөт.

Мейманжан Жээналиев неберелери менен
Мейманжан Жээналиев комуздун күүлөрү менен сыркоолорду айыктырууга болорун, бул ыкманы медицинада колдонуу зарылдыгы келип чыкканын айтты.

- Бул комуз деген өзүнчө бир керемет да. Комуздун күүлөрүн өзүң так чертип же бирөөнүн ушундай так, даана чертилген күүсүн угуп алып ырахатка батуу эч нерсе менен салыштырбай турган нерсе. Ушул комуздун күүсү менен сыркоо адамдарды дарыласа да болот. Жанагы музыка терапиясы деп жатпайбы. Мына ошол сыяктуу нерви козголгон, тынчыбагандарга муңдуу, салмактуу күүнү угузуп, аларды калыбына келтирсе. Ал эми санаага, кайгыга батып кеткен кишини тескерисинче шаңдуу, көңүлдүү күүлөрдү чертип берип санаадан арылтса болот. Атай Огонбаевдин укумуштуудай сонун күүлөрү бар адамдын делебесин козгой турган, адамга шык бере турган. Буга али кайрыла элекпиз. Бул комузчулар медицина менен мамиле кылып ушуларды колдонуп пайдаланса болоор эле. Эми бул келечектин иши деп ойлойм.

Отуруштардын шайыры

Мейманжан Жээналиев 1968-жылы Медициналык институттун дарылоо бөлүмүн ийгиликтүү аяктагандан кийин клиникалык ординатурада атактуу академик Мирасид Миррахимовдон таалим алып, аспирантурада бөйрөккө байланыштуу илимий эмгек жазып терапия, ички оорулар кафедрасында ишин улантып Медициналык институтта неврология, гастроэнтерология боюнча студенттерге 17 жыл сабак берет.

Ал учурда президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын саламаттык сактоодогу өкүлү, Улуттук комиссиянын мүчөсү төраганын кеңешчиси болуп иштеп, медицина тармагында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, дарыгерлерди кыргыз тилинде эркин сүйлөтүүгө аракет кылып жүрөт.

Мейманжан Жээналиев жаш кезинде курдаштары менен майрамдык отуруштарда таң атканча жаагын жанып элдик ырларды, секетбайларды комуздун коштоосунда аткарып, отуруштун шайыры болчу экен.

Ал "жаш улам өйдөлөгөн сайын ырдаганда добушуң баягыдай болбой калат тура" деп комузду колуна алып үн кошту.



Дарыгер Мейманжан Жээналиев унутулуп бараткан көчмөн кыргыз цивилизациясынын этномедицинасы жөнүндө материалдарды топтоп жүргөнүн, элдик медицинанын сырларын өзүнчө илим катары кароого аракет кылып жатканын билдирди.

К.Жусупов: Газ маселесин декабрга чейин чечиш керек эле

Газга байланышкан маселелер боюнча “Азаттыктын” суроолоруна энергетика министринин мурунку орун басары, “КырКазГаз” ишканасынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Жусупов жооп берди.

“Азаттык”: “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси газ тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кайрадан Өзбекстанга жөнөп кетти. Жаңы жыл алдында ушундай бир катар жолугушуулар болуп, бирок майнапсыз болгон. Кыргыз тарап газды быйыл 140 доллардан алууну көздөп жаткан экен. Өзбекстан болсо быйыл газдын былтыркы 240 доллар деген баадан 10-15 доллар гана ылдыйлатып берерин айтыптыр. Сиздин баамыңызда газ боюнча сүйлөшүүлөр кандай аякташы мүмкүн?

К. Жусупов: Өзбек тарап Кыргызстанга газын берет, келишимди түзөт. Бирок бааны кичине азайтышы мүмкүн. Мурунку 240 доллар деген баадан 10-15 доллар ылдыйлатса деле бул жакшы эле баа. Мисалы Орусия менен Беларусту алсак, азыр орус тарап Беларуска газды 230 доллардан сатып жатат. Менимче, 230 доллар, же андан да азыраак баа азыркы рынок шартында жакшы эле баа.

“Азаттык”: Ошол эле учурда Өзбекстанга Казакстанга газды 80 доллардан ашыгыраак баага эле берет экен. Бул эмнеге байланыштуу?

К. Жусупов: Казакстандын өзүнүн газ бар. Каспий тарапта Атырау, Акдау кендеринин жанында газы бар. Менимче казак менен өзбек тарап газды өз ара айырбаштап алышат. Биргелешкен операция деп коет: казактар газды орустарга берет, ал эми Орусия Казакстанга өзбектин газын берет.

“Азаттык”: Жаңы жылга кыргыз-өзбек тарап газ боюнча келишим түзө элек. Айтсаңыз, азыр Кыргызстан газды кайдан алып жатат? Буга чейин газ боюнча проблема болгондо Кыргызстан өз аймагы аркылуу Өзбекстандан Казакстанга кеткен газды пайдаланган учурлар болчу эмес беле.

К. Жусупов: Азыр деле ошондой. Декабрь, же январь айын алсак Өзбекстан менен келишим жок. Азыр биз газды Казакстандан алып жатабыз.

“Азаттык”: Бул кийин проблемаларды жаратпайбы?

К. Жусупов: Албетте жаратат. Азыр карыз көбөйүп жатат. Мурун “Кыргызгаздын” “Казтрансгазга” карызы 13 миллион доллар болсо, азыр 18 миллионго барат го. Ал карызды кайтарып бериш керек да.

“Азаттык”: Кыргызстан Өзбекстандан газ боюнча көз карандылыктан толук болбосо да, жарым-жартылай кутулуу үчүн дагы кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? Эки өлкө ортосунда газ боюнча келишимге байланыштуу жылына жаңы жылдын так алдында проблема чыгат, келишим дароо түзүлбөй, бир топ бушаймандык менен коштолот.

К. Жусупов: Мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы бул проблеманы декабрдын аягына калтырбай октябрь, же ноябрь айында чечиш керек болчу. Ноябрда эле акырындан Ташкентке барып келишимди түзүп келсе болот болчу.

“Азаттык”: Кыргызстан газ тууралуу Өзбекстан менен сүйлөшкөндө, аларды кантип тезирек ийге келтирип, дагы эмне менен кызыктыра алат?

К. Жусупов: Газды биз Өзбекстандан долларга алабыз. Мурун, мисалы беш жыл мурда айырбаштоо жолу менен алчу. Кыргызстан же электр энергияны, же товар-материалдык ресурстарды берчү. Азыр жүз пайыз доллар менен төлөйбүз. Мындан башка механизмдер жок, акча болсо эле болду. Газга төлөсөк эле өзбек тарап берет.

“Азаттык”: Сиз буга чейин кыргыз-казак биргелешкен “КырКазГаз” ишканасын жетектеп келгенсиз. Ушул ишкана тууралуу кыскача айтып бересизби, кимге таандык, эмне менен алектенет, азыркы тагдыры кандай?

К. Жусупов: Ишкана тууралуу акыркы маалыматты билбейм. Кыскача айтканда, “КырКазГаз” ишканасынын элүү пайыз үлүшү “Кыргызгазга”, дагы элүү пайызы Казакстандын “Казтрансгаз” компаниясына таандык. “КырКазГаз” магистралдык газ түтүктөрүн тейлейт. Беш жылга тейлөө боюнча ишеним башкарууну “Кыргызгаздан” алган. Акыркы маалыматым жок, бирок ошол беш жылдын ичинде инвестиция казак тараптан келген. Инвестиция газ түтүктөрүнө жумшалган.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

Кытайдын Борбор Азиядагы жылжыма саясаты

Кытайлык соодагер кардарларды күтүүдө

Кытай менен Борбор Азиянын беш мамлекети арасындагы соода-экономикалык байланыш ылдам өсүп барат. Быйыл Тажикстандын Мургаб шаарында кытайлыктар курган чоң кампа жай ачылат. Бул кампа жай бүтсө, Кытайдан Борбор Азияга кийим-кече, электрондук жана башка товарлар дагы агылып келе баштайт.

Ошентип 1893-жылы Россия курган аскерий чептин айланасында түптөлгөн шаарча Кытай регионго кирчү жана бир дарбазага айланат.

Кытай акыркы жылдары Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азиядагы соода жана саясый таасирин акырындап күчөтүүдө. Бээжин бир кезде Россия үстөмдүк кылган Борбор Азияга да шашпай боюн баткырууда.
Негизинен кытай товарларын саткан Кара-Суудагы Туратаалы базары, 20-октябрь 2010


Кытай жетекчилиги Борбор Азияны өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо, тышкы сооданы кеңейтүүдө жана Синзяндагы же Чыгыш Түркстандагы этникалык туруктуулукка жетишүүдө негизги таяныч деп билет. Ошон үчүн региондон чыгышты көздөй мунай-газ куурлары тартылууда; темир жана тасма жолдор салынууда; Борбор Азиянын байтак шаарларында мандарин тилин үйрөткөн Конфуций институттары ачылууда.

Кытайлык генерал Лю Ячжоунун айтышынча, “Борбор Азия бүгүнкү Кытай үчүн теңир берген ырыскынын берекелүү бир бөлүгү”. Андан улам “Нью-Йорк Таймс” гезити региондогу беш күнкорсуз өлкө: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кайрадан Россия, Кытай, АКШ сыяктуу ири державалар атаандашкан майданга айланды, деп жазат 2-январдагы санында.

Бул үч оюнчунун ичинен Кытай эмнеси менен айырмаланат? Бул суроого:

“Кытай АКШ жана Россиядан өзгөчөлөнүп, саясый максатын эч качан ачык жарыялабайт. Ошон үчүн Кытайдын геосаясаты ар кандай күбүр-шыбырлар менен коштолууда. Бээжин азыр Борбор Азиядагы саясатын эки багытта жүргүзүүдө. Биринчиси, аймактын энергетикалык байлыктарына кирүү. Себеби Кытайдын экономикасы тез өсүп жаткандыктан мунай-газга жана башка ресурстарга талап өсүүдө. Экинчиси, Кытай катардагы мамлекет эмес, дүйнөлүк империя болууну кааласа, Борбор Азияны контролдоо өтө маанилүү,”-
дейт тажикстандык эксперт Парвиз Муллажанов.

Баса, WikiLeaks сайтында жарыяланган маалыматтарга караганда, АКШлык дипломаттар Кытай "Манас" транзиттик борборун жабуу үчүн кыргыз бийликтерине 3 миллиард доллар сунуш кылган деп шектенишет. Мындай шектенүүгө АКШнын Бишкектеги элчиси Татиана Гфеллер айым 2009-жылы 13-февралда Кытай элчиси Чжан Яньнан менен болгон кездешүүдө Кыргыз тараптан берегидей маалымат алганын айтканда, орусча сүйлөшүп жаткан кытайлык элчинин сөз таппай буйдалып калганы негиз берген.

Кытай президенти Ху Цзянтао жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов Ташкенттеги кездешүүдөн кийин шампан ичишүүдө. 9-июнь 2010
Дүйшөмбүлүк эксперттин баамдашынча, Кытайдын регионго болгон астейдил мамилеси, берешендеги АКШлык таанымал саясатчы Збигнев Бзежинскийдин лакапка айланган мына бу сөзүнө да байланыштуу. “Россия Украина жана Борбор Азиясыз жөнөкөй эле улуттук мамлекет. Украина жана Борбор Азиялуу Россия – бул империя”,- деген Бзежинский.

Парвиз Муллажановдун сөзүнчө, бүгүн Тажикстан-Кытай арасындагы экономикалык байланыш жигердүү өнүгүүдө жана Тажик жетекчилиги үчүн Бээжиндин кредитти эч кандай саясый талабы жок бергени маанилүү.

“Кытай Тажикстан үчүн ири инвесторлордун бири. Инвестицияны негизинен инфраструктурага салууда,-дейт Муллажанов. -Тажик өкмөтү үчүн Кытайдын Батыш инвесторлору сыяктуу демократия, адам укугу, сөз эркиндигинин абалы деп, талап койбогону маанилүү. Кытай үчүн өз жумушчуларын салган капиталы менен кошо өлкөгө ала баруу маанилүү. Алар акырындап отуруп, өзүнчө диаспорага айланат. Бул диаспора болочокто ошо өлкөдөгү ички жагдайга таасир этчү күчкө айланат”.

Статистикалык маалыматтарга кайрылсак, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрү арасындагы соода 1992-жылы 527 миллион долларды түзсө, 2009-жылы 25, 9 миллиард долларга чыккан. Бул, генерал Лю Ячжоу жазгандай, Борбор Азия элдеринде керектөөнүн жарыша өсүшүнө алып барды.

Соода-экономикалык кызматташуу Кытайдын таасирин да өстүрүүдө. Ошол эле учурда, арзан жумуш күчү өндүргөн кытай товарлары каптап кирген өлкөлөрдө күнүмдүк тириликке зарыл товарларды өндүргөн ишканалардын абалын оорлотууда. Жумушчулар ишсиз калууда.

Б. Арстанбекова: Санжар Бакиевдин айыбын далилдеп беришсин

Санжар Бакиев сот залында, 2010-жылдын 2-ноябры.

Бишкектеги аскер сотунун имаратында Жалал-Абад облустук соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганы Санжар Бакиев баштаган айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап баштады.

Санжар Бакиевди Жалал-Абад шаардык соту күнөөлүү деп таап, 10-жылга эркинен ажыраткан эле. Соттолуучулар бүгүнкү сот жараянында тагылган айыптарды моюнга албай тургандыктарын айтышты. Сот иши эми 11-январда уланат.

Жактоочулар “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонушкан” деген айыптын негизинде Бектур Асанов баштаган Жалал-Абад облусунун бийлик өкүлдөрүн сотко алып келүүнү суранышууда. Бул иш боюнча Санжар Бакиевдин жактоочуларынын бири Бүбүайша Арстанбекованы сөзгө тарттык.

Бүбүайша Арстанбекова

- Бүбүайша айым, Санжар Бакиевге карата Жалал-Абад шаардык сотунун чечиминен соң айыптоочулар тарабынан да доо арыз берилген экен, ал эмне максат менен берилип атат?

- Жалал-Абад шаарынын сотунун чечиминен кийин айыптоочулар тарабынан доо арыз берилип атат, 10 жылдык мөөнөт деген аз, алар кылмышкер деп. Биз Санжар Бакиевдин жактоочулары тарабынан дагы доо арыз бергенбиз, мыйзамсыз он жыл берилди, мыйзам чегинде караганда Санжарбек Бакиевдин кылмышка шектүү экенин аныктап, далилдеп берүүсү зарыл деп. Негизинен Санжар Бакиевге Кылмыш жаза кодексинин 97, 229, 341, 233, 241-беренелери менен айып коюлган. 97-беренени өзүңүздөр билесиздер, адамдардын өмүрүнө кол салуу, мыйзамсыз курал-жарактарды колдонгон, массалык башаламандыкты уюштурган, андан тышкары мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө зордук-зомбулук көрсөтүп, мамлекеттик имаратты басып алууга аракеттенген деген айыптар коюлган. 20дан ашык күбө суралды, бирөөсү дагы далилдеп бералган жок.

- Санжар Бакиев кармалган учурда ММКлар аркылуу айтылды эле, анын массалык башаламандыкка катыштым деп өзү мойнуна алды деп айтканы тууралуу. Ал көрсөтмөсүнөн кийин эмне үчүн баш тартты?

- Санжар Бакиевди кармаганда жети күн колунан кишенди чечпей, кысымга алып, айыпты тергөөчүлөр колдору менен жазып, уруп-согуп кол койдургандыгы сот жүрүшүндө өз оозунан айтылды.

- Сиз укук коргоочу катары Санжар Бакиевдин ошол билдирүүсүнө ишенесиз, башка далилдериңиздер жокпу уруп-согуу, кысымга алгандыгы жөнүндө?

- Биз сотко ошол мезгилде уруп-согуулар болгон экен деп айттык. Аны сиздер далилдешиңиздер керек деди. Бирок биз уруп-согуу, зордук-зомбулук боюнча ЕККУга, БУУдагы адам укугу боюнча комиссардын башкармалыгына жаздык. Андан тышкары уруп-согуу белгилерин далилдеп берели десек, ага эч кандай мүмкүнчүлүк бербей атышат бизге.

- Сиздер сотко Бектур Асанов баштаган бир топ облустук деңгээлдеги жетекчилерди келсин деп чакырган экенсиздер. Ал эмне максатты көздөйт, алар эмне көрсөтмө бериши мүмкүн, мурда алар сотко келишкенби?

- Келишкен эмес. Облустук сотко биз кайрылдык, сурандык, ошолор келсе, көргөнүн көргөндөй айтып берсе деп.

- Эгер ушул апелляциялык арызыңыздар канааттандырылбай, он жыл эркинен ажыратуу күчүндө калса кийинки кадамдарыңар кандай болот?

- Биринчиден, Жогорку Кеңешке кайрылуу жаздык. Кайрылууда Кылмыш жаза кодексинин 316-беренесинде жазылган, актоо өкүм чыгаруунун негиздери деп. Ошондо сотолуучунун жосунунда кылмыш курамы жок болсо, сотолуучунун кылмышты жасоого катышуусу далилденбесе актоочу өкүм чыгарылат деп жазылган. Ошол 316-берененин 3-бөлүмүнүн негизинде Жогорку Кеңешке кайрылдык, түзүлгөн коалицияга, «Ата Мекен», «Ар намыс» фракцияларына кайрылдык. Биздин үмүтүбүз бар. Эгерде кайрадан 10 жыл ордуна калтырып, дагы эле ушундай чечим чыгара турган болсо, андан жогорку инстанцияларга кайрылабыз, мыйзамдын негизинде укуктарын коргоп, талап кылабыз. Андан сырткары биринчи шаардык соттун чечими чыкканда “мыйзамсыз чечим чыкты” деп тарапкерлер митинг кылабыз дегенде, биз алардан сурандык, андай митингдерди коё тургула, өлкөбүз тажап бүттү ызы-чуудан, андан көрө мыйзамдуу түрдө талаптарды кылалы деп...

Интерпол издөөсү улануудабы?

Интерполдун интернет баракчасындагы М. Бакиевге жарыяланган издөө тууралуу маалымат, 6-май 2010-жыл

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Курманбек Бакиев баштаган мурдагы төбөлдөрдү Интерпол издөөдөн баш тартканын жарыялады.

Чолпон Жакупованын жүйөөсү боюнча, өлкө башкы прокуратурасы аларды кармоого негиз бере турган кылмыштарын толук аныктай алган эмес. Ошондуктан Интерпол Баиевдерди кармоого укуктук негиз жетишсиз деп эсептейт. Баш прокуратура Интерполдон мындай доомат болбогонун билдирди.


Интерпол ишенбейби?


“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, Курманбек, Марат жана Жаныш Бакиевдердин, Мурат Суталиновдун жана Данияр Үсөновдун кылмыштары толук далилденбегендиктен жана сапатсыз иликтөө жүргүзүлгөндүктөн, Эл аралык полиция аларды издөөдөн баш тартты.

- Бул Кыргызстандагы иликтөө тобу тарабынан сунуш кылынган материалдардын сапатына Интерполдун ишенбегенин көрсөтүп жатат. Алар бул саясий куугунтук, мындан улам баш тарттык деп эсептешет. Интерпол эгер Кыргызстан изделип жаткандардын кылмыш мүнөзүндөгү башка күнөөлөрүн далилдеп бере алса “биз кайрадан карап чыгууга даярбыз” деп билдирген.

Чолпон Жакупова Интерполдун бул дооматы мурда эле башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн кошумчалады. “Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн кат апрель окуялары боюнча соттук материалдарда тиркелүү” – деди ал.


Баш прокуратура: Интерполго жетиштүү маалымат жөнөтүлгөн


Жакупованын айткандарын бышыктоо үчүн Интерполдун Бишкектеги бюросуна кайрылып, бирок тиешелүү өкүлдөрүн таба албадык. Ал эми өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эл аралык полициядан Бакиевдерди издөөдөн баш тарткандыгы туурасында эч кандай кат келбегенин “Азаттыкка” кабарлады.

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов тетирисинче Интерполдун кармоосуна негиз берген жетиштүү маалымат жөнөтүлдү деп эсептейт:
Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 14-июну.

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары ар тараптуу объективдүү тергөөнү жүргүзүп, интерполго жетиштүү материал берилген. Ошондуктан мен ойлойм, укук коргоочулардын дооматтары негизсиз.

Ал ортодо коом ичинде апрелде демонстранттарды атууга буйрук бергендер кутулуп, аткаруучулар тутулуп жатат деген кеп кеңири тараган. Кыргыз тараптын мурдагы президентти берүү боюнча кайрылуууларын расмий Минск четке кагып келүүдө. Ал эми азыр Казакстанда жүрөт деп айтылган Марат Бакиевди жана Данияр Үсөновду кармап берүү өтүнүчүнө казак тараптан “бизде алар тууралу маалымат жок” деген жооптор келген.

Бакиевдердин кенжеси Максим Бакиев болсо Улуу Британияда кармалгандан кийин анын тагдыры алигиче белгисиз бойдон турат. Жаңы жыл алдында “Азаттыкка” берген интервьюсунда Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Жаныш Бакиев Кыргызстанга бир нече жолу келип кеткени тууралуу маалыматтар бар экенин айткан эле.

Майрамбек Осмонов: Мылтыкчандар азайып, мыктылар көбөйсүн

"Азаттыктын" "Таңкы шоокум" берүүсүнүн жаңы жылдык чыгарылышы.

"Таңкы шоокумдун" бул жолку коногу белгилүү обончу, пародист Майрамбек Осмонов болду. Ал эл-журтка жаңы жылдык каалоо-тилек айтуу менен айрым таанымал инсандарды туурап берди.

Мугалимдер айтканынан кайтпачудай

Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылык акциясы, 2010-жылдын 13-декабры.

Мугалимдер айлык акыны көтөрүү боюнча талаптары толук аткарылмайынча, наааразылык акциялардан баш тартпай турганын билдиришүүдө.

Мугалимдер маяна эң аз дегенде 6800 сомдон кем болбошун талап кылышууда.

Мыйзамды аткаруу талабы
“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда мугалимдердин айлыгы орточо айлыктан кем болбошу керек деп көрсөтүлгөн. Орточо айлык азыр 6832 сом.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов “Азаттыкка” бул талап мыйзам чегинде экенин дагы бир жолу белгиледи:

- 2008-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлбөй калган. Ошол себептен 30 пайызга көбөйткөндө башка бюджеттик мекемелерге теңдөө гана болуп, чынында 13 пайызга гана көтөрүлөт экен. Биз азыр мыйзамдын гана аткарылышын талап кылып жатабыз. 2003-жылы “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Анын 38-беренесинде мугалимдердин кызматтык айлыгы республикадагы орточо айлыктан кем болбошу керек деп көрсөтүлгөн. Орточо айлык 6832 сомду түзөт.

Билим берүү министри Канат Садыков
29-декабарда билим берүү жана илим министри Канат Садыков Жогорку Кеңеште мугалимдердин айлыгын жогорулатуу боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берген. Анда тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ маянаны көтөрүү боюнча төрт варианттын ичинен бирөөсүн тандап алганын маалымдаган. Ага ылайык, буга чейин мугалимдердин айлыгына киргизилген кошумча 12 ар кандай төлөм жоюулуп, мугалимдер айлыгы 4-5 категорияда өлчөнөт.

Министр эгер бюджеттен мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө каражат табылса, талаптар толугу менен 1-марттан тарта аткарыларын, ага чейин мугалимдер макул болсо 30 пайызга жогорулатылып турарын белгилеген.

Айлык дароо көтөрүлбөйт

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да “Азаттыктагы” маегинде айлык дароо көтөрүлбөсүн, маянаны көтөрүү боюнча так маалыматтар кийин берилерин айтты:

- Ар нерсени жети өлчөп, бир кесүү керек. Дароо көтөрөбүз, баарыңды жыргатабыз деген жарабайт. Мугалимдердин жарандык сезими ойгонуп, укуктарын жактап жатканына кубанып турам. Бирок элибиз сабырдуу, түшүнүктүү, айрыкча мугалимдер. Мисалы, мугалимдикин дароо көтөрүү үчүн башкадан алуу керек болот. Анда эмне, козголоңго чыкпайт деп пенсионерлердикин же майыптардыкын кыркабызбы? Жалаң мугалимдердики эмес, врачтардыкы да начар, пенсионерлердики андан беш бетер. Баарыныкын чогуу карап, анан мөөнөттөрүн так айтабыз.

Антсе да мугалимдер өкмөттүн азыр айлыкты көтөрүү боюнча жасап жаткан иш-аракеттерине анча ынанбай турушат. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун баамында, айтылган убадалар сөз бойдон калбай турганын тастыктаган документтерге кол коюлушу керек:

- Көбү айтылган сөз бойдон калып атат. Эгерде өкмөт менен биздин республикалык штаб менен эки багытта, же үч багытта келишимге кол коюп, “мынакей, январда айлык теңелди, январь-февралда момундай сүйлөшүүнүн негизинде мартта болобу, же башка айдабы момунча пайызга көтөрүлөт, айлык төлөө момундай өзгөрүлөт, концепция ушундай болду”, десе элге чыгып айта алабыз. Азыр болсо мугалимдерге чыгып эмне деп айта алабыз?

Аргасыз кадам

Жалпы өлкөгө тараган мугалимдердин нааразылык акциясы алгач Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда башталган. Аталган райондогу мугалим Калил Карабаев мугалимдер аргасыз ушундай кадамга барып жатканын, мындай акциялар мурун эле уюштурулмактыгын белгиледи:

- Майда эле баштайбыз дегенбиз. 25-майдан кийин экзаменди албай туруп баштайлы деп бүт баарын жазып камынганбыз. Анан Отунбаева көбөйтүп беребиз дегенинен туруп калдык. Кийин августтагы жыйыныбызда да дагы көбөйтөбүз деди, анда да токтоп калдык. Анан көбөйбөгөнүнөн кийин чыктык да.

Мугалимдер айлык акынын көбөйтүү боюнча беш талаптан турган катты өкмөткө өткөн жылдын декабрь айынын 20ларында жөнөтүп бир ай мөөнөт беришкен. Эгер талаптар аткарылбаса жапырт иш таштоо болорун эскертишкен. Өкмөт болсо мугалимдер айткандай маянаны дароо 6800 сомго чыгарып берүү мүмкүн эместигин айтууда. Өлкөнүн эгемен тарыхында биринчи жолу талап менен чыгып жаткан мугалимдер ушинтип айтканынан кайтчу түрү жоктой.

Доор ураганда: СССРдин ыдырашынын 20 жылдыгына арналган түрмөк. Алгы сөз

Казакстандын Костанай шаарында "СССР" деп аталган ашкана бар. "Азаттыктын" Казак кызматы. 2009-жылдын 7-ноябры.

Урматтуу замандаштар! “Азаттык” үналгысы мындан 20 жыл илгери СССР деген ири коммунисттик дөөлөттүн саясий картадан жок болушуна байланыштуу совет дооруна, анын ойрон болушуна жана тарыхый сабактарына арналган атайын мултимедиалык түрмөгүн жылы бою сунуштайт.

КЕҢЕШ БИЙЛИГИНИН БАШАТЫ

Адамзат тарыхында жыйырманчы кылымды Советтер Биримдигинин (СССРдин) тарыхысыз элестетүүгө эч мүмкүн эмес.

Падышалык Орусиянын ордуна калыптанган бул ири дөөлөттү Владимир Ленин жетектеген болшевиктер (коммунисттер) партиясы оболу Советтер мамлекети катары 1917-жылдын 7-ноябрында (эски жыл санак боюнча – октябрда) негиздеген.

“Улуу Октябр социалисттик революциясы” деп болшевиктер расмий атаган ыңкылап падышалык жеке бийликтен кийин калыптанып келе жаткан либералдык-демократиялык жумуриятты жоюп, ордуна бир партия үстөмдүк кылган жумуриятты түзүүгө нук ачкан.

Совет бийлигинин маңызы тууралуу Владимир Лениндин мындайча айтканы бар.

(Лениндин орус тилиндеги сөзүн угуңуздар).

В.И.Ленин совет бийлиги тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00
Түз линк


Бул федерациялык мамлекет “СССР” (Советтик Социалисттик Республикалар Биримдиги – орусча Союз Советских Социалистических Республик) деген аталышын 1922-жылы 30-декабрда расмий алган.

МУРДА ЭЗИЛГЕНДЕРДИН УКУГУ ДЭЭРЛИК КАМСЫЗ КЫЛЫНДЫ

Падышалык доордо жакырчылыктын зардабын чеккен, укугу бузулган миллиондогон карапайым кишилер үчүн Советтер Биримдиги – бул коомдук илгерилөөнүн доору, социалдык-маданий ири жетишкендиктердин кезеңи болчу.

Совет доорундагы кембагал катмарлардын, аялзатынын жана улуттук азчылыктардын социалдык-маданий жана укуктук жетишкендиктери, илим менен билимге умтулуудагы болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрү танууга мүмкүн эмес коомдук ийгилик болду.

Капиталисттик Батыш да өз коомундагы кембагал катмарлар үчүн советтик тажрыйбанын өрнөгүн сезип, “ортоңку катмарды” чыңдаган социалдык программаларын күчөткөн.

Арийне, “эзүүчү тапка” тийешеси барлар жана оокаты тың катмарлар, алардын үнүн билдирген интеллектуалдар миллиондоп запкы көргөн.

Ленин эзүүчү таптын өкүлдөрү үчүн атайын “концентрациялык лагер” түзүүгө чакырса, Сталин “кулакка тартуу”, "империалисттик тыңчыларды аныктоо", тап душмандарын жазалоо сыяктуу өнөктүктөрү менен андан ашып түшкөн. "Улуу ачарчылык" да Украина, Эдил бою, Казакстан аймактарында миллиондогон кишилерди бөйдө ажалга кириптер кылган.

УЛУТТУК АЗЧЫЛЫКТАР

Кыргызстан, башка бир катар улуттук аймактардай эле, Совет доорунда өз улуттук автономиялык макамына жана сөз жүзүндө болсо да Орусияга тең ата биримдиктик жумурият макамына жетип, олуттуу саясий укуктарга жетишкен.

Деги, мындай автономиялык макамды Кыргызстан болшевиктерсиз Орусиянын шартында алышы мүмкүн беле, жоромол кылуу кыйын. Бирок пост-советтик Орусиядагы улуттук автономияларды чектеген соңку жараянга күбө болгон соң, Кыргызстан болшевиктик доордон болочокку мамлекеттик эгемендикке эшик ача тургандай жолдомо алганбы деп ойлоп кетем.

Тээ 1960-70-жылдары кыргыздын чыгаан окумуштууларынын бири, юрист Кубаныч Нурбеков (1928-1985) Кыргызстан СССРден чыгып кетүүгө конституциялык укукка ээ жумурият деп анын курулай декларацияланган укугун белгилей койгону үчүн эле куугунтукка учураган.

Урал, Эдил, Түндүк Кавказдагы жана Ыраакы Чыгыштагы бир катар чакан элдердин (балкар, чечен, ингуш, кырым татар, месхет түрк, корей ж.б.) өкүлдөрү өз журтунан депортацияланган. Ногой сыяктуу айрым элдердин этностук аталыштары расмий четке кагылган. Жөөт интеллектуалдарына каршы тымызын өнөктүктөр да болуп турган.

Карелдер, татарлар, буряттар, хакастар жана башка элдер байырлаган ири чөлкөмдөр жасалма түрдө ар башка акимдик аймактарга жиктелип бөлүнгөн.

УКУК БУЗУУЛАР ДООРУ

Демек, бир эле учурда, СССР заманы бир гана партия үстөмдүк кылган тоталитардык бийликтин, адам укуктарынын тепселишинин, жапатырмак куугунтуктоолордун да заманы болгон.

Бул көп улуттуу коом коммунисттерге кайчы пикирдегилердин ырайымсыздык менен куугунтукталышын, бейкүнөө атылып, Ата-Бейитте жаткандарды, Сибир абактарына айдалгандарды, колхоз талааларында акысыз мажбурлап иштетүүнү, диний агымдарды кысымга алууну, партократтардын коррупцияга батканын өз жон териси менен сезди.

ГУЛагдын (“Главное управление исправительно-трудовых лагерей, трудовых поселений и мест заключения”, “Түзөтүү-эмгек лагерлеринин, эмгек тургунжайларынын жана абактардын башкы башкармалыгы” - кыскача ГУЛаг деп аталган советтик жазалоо системасынын) азабын ичинен көрүп, көркөм чыгармаларында таасын жазып чыккан орус жазуучусу Александр Солженицын совет доорунун бул ачуу чындыгы урпактар үчүн олуттуу сабак болуп кала берээрин мындайча айткан.

А.Солженицын СССРдеги зулум режимдин ачуу сабагы жөнүндө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:20 0:00
Түз линк


Александр Беннигсен сыяктуу айрым советолог адистер болсо Солженицын мырза деле СССРдеги улуттук азчылыктардын көргөн кордугун анчейин көңүл бөлүп чагылдырган эмес деп санашкан. Бул жагдайды да белгилей кетүү абзел.

Бир чети, кыргыздар сыяктуу көптөгөн улуттар СССР маалында улуттук жана маданий автономияларга жетишкени менен, экинчи чети, бир катар эгемен өлкөлөр аскердик жана дипломатиялык опузалоо аргалары менен СССРге күчтөп каратылган.

Алардын арасында Кокон автономиясы (1917-1918-жж.), Хорезм (Хива хандыгы, 1598-1920), Бухара эмирдиги (1500-1920), Балтика боюндагы үч жумурият (Эстония, Латвия жана Литва; алар 1939-1940-жж. басып алынган), Танну-Тува Эл Республикасы (1921-1944; ал 1926-жылдан Тува Эл Республикасы деп аталган, 1944-жылы Орусия Федерациясынын курамына Тува автоном аймагы болуп каратылып, 1961-жылы АССР макамына жеткен) бар болчу.

Азыркы тывалык журналист Сайана Монгуш айымдын айтымында, тыва жаштары 1944-жылга чейин өз атажурту өзүнчө мамлекет болгонунан жакшы кабардар жана Орусиядагы соңку ксенофобиялык-шовинисттик чабуулдардын айынан “бул өлкөгө кошулбай эле койгондо дурус болмок беле” деп кейип-кепчигендери да жолугат.

С.Монгуш: тывалыктардын 1944-жылкы окуяларга карата маанайы ар кыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:19 0:00
Түз линк


Эми Балтика боюндагы өлкөлөрдү жана башка аймактарды Советтер Биримдиги кантип басып алгандыгы, Катын жергесиндеги поляктарды кыргынга учураткан окуяны, Ооганстандагы алааматтуу согушту ачык талдоо кезеңи келди.

ТОТАЛИТАРДЫК ЭКИ ДӨӨНҮН ТИРЕШИ

Экинчи дүйнөлүк согуштун талаш-тартыштуу тарыхынын барактары Советтер Биримдиги фашисттик Германия менен да “достук” келишим түзгөн учурларды камтыйт.
Фашисттик Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп, СССРдин жолбашчысы Иосиф Сталин жана СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов эки тараптуу келишимге кол коюу жөрөлгөсү маалында. Кремл, Маскөө. 1939-жылдын 23-августу


Бул учурлар СССРдин расмий тарыхында бир беткей сыпатталып келген.

Эми гана архивдик маалыматтар аркылуу СССРдин көмүскө саясаты (1939-жылдын 23-августунда кол коюлган Молотов-Риббентроп келишими ж.б.) ачыкка чыгууда.

Ошол эле учурда адамзатка каршы кызыл-күрөң коркунучту – гитлердик нацизмди жеңүүдө Советтер Биримдигинин көп улуттуу эли опол тоодой рол ойноп бергени бул өлкөнүн тарыхын сыпаттоодо калыс айтылып келет.

Улуу Атамекендик согушка (1941-1945) 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан (жумурияттын ар бир алтынчы тургуну согушка аттанган).

Улуу согушка аттанып, гитлердик фашизмди жеңүү үчүн өз өмүрүн арнаган миллиондогон жоокерлердин жана партизандардын арасында кыргызстандык баатырлар да болгон.

Алтын жылдыз жана "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган кыргызстандык 73 баатырдын арасында Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Мамасалы Тешебаев, Анварбек Чортеков, Ташмамат Джумабаев, Бишкекте (Фрунзеде) таалим алган казак Талгат Бегелдинов, орус Николай Дмитриев, Евдокия Пасько, дунган Мансуз Ванахун жана башка атуулдар бар эле.

Кыргызстандык баатырлардын арасынан маркум Ысмайилбек Таранчиевге (1923-1944) СССР кулай электе, 1991-жылдын 5-майында СССРдин президенти М.Горбачевдун жарлыгына ылайык "Советтер Союзунун Баатыры" наамын (кечигип да болсо) ыйгарышкан.

Ал эми Ахматша Түмөнбаев, Кубат Жуматаев сыяктуу жоокерлердин эрдиги татыктуу бааланбай калган, деген пикирлер да бар.

Ошол кыйын кезеңде СССРди башкарган, советтик тоталитардык түзүлүштү калыптандырууда Ленинден кийин өзгөчө салым кошкон саясатчы Иосиф Сталин 1945-жылдын май айындагы Улуу жеңиш тууралуу үналгы аркылуу мындайча жарыя кылган:

И.Сталин совет элинин Улуу атамекендик согуштагы жеңиши тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:13 0:00
Түз линк


Азыр да бул жеңишти Сталиндин жеке ысымы менен байланыштыргандар көп.

Ошол эле учурда Сталиндин диктатордук режиминин жексур саясатынан улам СССРдин таланттуу аскер башчылары камалып, атылып, сүргүнгө айдалган учурлар, совет чалгынчыларынын алдын-ала эскертүүсүн Сталин өзү көзгө илбей койгону, советтик туткундардын тагдырына кайрымсыз мамилеси, оорукта ГУЛаг жана эмгек майдандары аркылуу миллиондогон кишилерди азапка салганы бүгүнкү орусиялык иликтөөлөрдө жана да ачык чагылдырыла баштады.

Согуш туткуну болуп канчалаган совет адамдары нацисттик концлагерлерде кыйноого алынбады! Алардын ичинен аман калган он миңдеген кишилер согуш бүткөн соң кайрадан советтик лагерлерге сүргүнгө жиберилип азап чекти!

Бул жаатта да кыргызстандыктар улам жаңы даректүү маалыматтарды жарыялап үн кошууда.


ИЛИМ-БИЛИМДЕГИ ЖЕТИШКЕНДИК

Адамзат тарыхында Советтер мамлекети “Калашников” автоматы, “катюшалары” менен гана эмес, космоско алгачкы жасалма жандоочуну жана туңгуч космонавтты (Юрий Гагаринди) жана космонавт айымды (Валентина Терешкованы) аттандырганы, ачык космоско биринчи жолу космонавтты чыгарганы, айжүргүнү (“Луноходду”) Айга кондуруп, орбитада алгачкы космос бекетин түзгөнү менен да өзгөчө орун алып калды.

Совет доорунда Кыргызстанда заманбап илим-билим жана маданият мекемелери калыптанды. Кыргыздар туңгуч басма сөз каражаттарын, жогорку окуу жайларын, Илимдер академиясын, улуттук энциклопедиясын ж.б. түптөштү.

Кеңеш заманында “Манас” дастаны ар тараптуу иликтенип, манасчылардын ар кыл варианттары жарыяланып, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Жоомарт Бөкөнбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Байдылда Сарногоев, Эсенгул Ибраев, Жалил Садыков, Анатай Өмүрканов жана башка калемгерлер, Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу бийчилер, Болот Миңжылкиев сыяктуу ырчылар, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Динара Асанова сыяктуу кинорежиссерлор, бир катар тармактарда чыгаан окумуштуулар чыкты.

Ошол эле учурда кыргыздын чыгаан интеллектуалдары куугунтукка алынган, бейкүнөө атылган же камалган кезеңдер да болду.

Советтик Кремл бийлиги Кыргыз улуттук жазмасын 1927-29-жылдары арап арибинен латынчага өткөрдү, андан соң 1940-жылы кыргыздардан сурабай туруп кирил жазмасына өткөрүп, мурдагы эки жазмага тыйуу салып койду.

(Ал эми грузин жана армян элдерине байыркы жазмасын сактап калууга, Балтика боюндагы калктарга латынчасын сактап калууга сталиндик Маскөө тарабынан мүмкүнчүлүк берилген).

ЭМНЕ ҮЧҮН СОВЕТТЕР ДӨӨЛӨТҮ ЫДЫРАДЫ?

Тарыхта ири дөөлөттөр (империялар) бир нече кылым жашаган же бир нече муундун өмүрүнүн ичинде эле ыдырап кеткен учурлар арбын. Улуу Түрк каганаты, Улуу Кыргыз каганаты жана башка мамлекеттер сяктуу эле Совет Биримдиги да үч эле муундун өмүрүнүн ичинде (1917-1991-жылдары) жашады.

Бирок Советтер Биримдигинин коомдук-тарыхый тажрыйбасы адамзат үчүн кылымдар аркалай турган залкар сабакка айланды десек жаңылышпайбыз.

Совет мамлекетинин акыркы баскычы – Михаил Горбачев жетектеген доорго жана “кайра куруулар” жараянына туура келди.

Дал ушул баскыч маалында “кансыз согушка” жана жарыша куралданууга да чекит коюла баштаган.

Бул чекит – адамзатты жалпы согуш алааматына жеткирбей сактап калуунун бирден бир аргасы болгон.

Жарыша куралдануунун жалпы адамзатты алааматка дээрлик кептеп калганы жөнүндө Михаил Горбачев көп жолу эскерди.

М.Горбачев жарыша куралдануунун азамзат үчүн коркунучу тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00
Түз линк

Михаил Горбачев жетектеген реформатор коммунистттер канчалык совет системасын сактап калуу аргасын жасаганына карабастан, 1980-жылдардын этегинде бул системанын күнү бүтүп баратканы саясий, социалдык жана экономикалык турмушта айрыкча айгинелене баштады.

Бирок СССРди кулатуу үчүн башкы катализатор кызматын, баарынан кызыгы, эскичил коммунисттер аткарып беришти. Алардын 1991-жылы августтагы Горбачевго каршы төңкөрүш аракети майнапсыз аяктап тим болбостон, советтик көп жумурияттарда жалпы эле коммунисттерди ээрден жылбыштырды.

СССРдин курамындагы жумурияттардын жалпы борбордон четтөө жана өз алдынчалыкка умтулуу аракеттери 1989-жылы Балтика боюнда өзгөчө жүрсө, 1990-91-жылдары ага Кавказ жана Борбордук Азиянын айрым жумурияттары да кошулду.

1991-жылдын 8-декабрында Беларустун Белавеж (беларусча Белавежская пушча) токоюнда Орусия, Украина жана Беларустун расмий жетекчилери СССРди жоюп, ордуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктигин түзүүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ошол жылдын 12-декабрында Орусия Федерациясынын парламенти бул келишимди ратификациялаган.

1991-жылдын 21-декабрында үч балтиялык жумурият менен Грузиядан тышкаркы жумурияттардын жетекчилери Алматы протоколуна кол коюп, СССРдин жоюлганын жарыялашкан.

25-декабрда гана Михаил Горбачев СССРдин Президенти кызматынан чегингенин жарыялады, эртеси (1991-жылдын 26-декабрында) СССР Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таркатты.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ЭГЕМЕНДИК

Айкындуулук доорунда кыргыз тили жумуриятыбызда мамлекеттик тил макамына (1989-жылы 23-сентябрда) жеткен.

“Ашар” козголушу, “Кыргызстан” демократиялык кыймылы сыяктуу антикоммунисттик жана башка демократиялык уюмдар түзүлгөн. Демократиячыл жараян тездеген.

Ошол эле учурда бул жараянды токтотууга умтулган күчтөр Ошто (1990-жылы июнда) улуттар аралык араздашууга шыкак болушкан.

1990-жылы октябрда Кыргыз парламенти атаандаштык негизде туңгуч президенти кылып академик Аскар Акаевди шайлаган.

Ошол жылы ноябрда Кыргызстан өз расмий аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн алып салган.

1990-жылы 15-декабрда Кыргыз парламенти жумурияттын эгемендиги тууралуу декларацияны кабыл алса, 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларацияны кабыл алган.

Ыраматылык ойчул, жазуучу Чыңгыз Айтматов жаш муундарды Кыргызстандын жаңы доордогу эгемендигин көз карегиндей сактап калууга чакырган осуят сөзүн “Азаттык” аркылуу 2006-жылы августта айткан эле.

Ч.Айтматов Кыргызстан эгемендиги улут келечегинин өзөгү экенин баса айткан
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00
Түз линк


Ушундай эле маанидеги осуят сөздөрүн Түгөлбай Сыдыкбеков, Азамат Алтай, Кусейин Карасай уулу сыяктуу залкарларыбыз да айтып келишкен.


ОКУРМАН, УГАРМАН ЖАНА КӨРӨРМАНДАРГА

Ошентип, мындан 20 жыл мурда "СССР" аттуу ири мамлекет биротоло урап, анын курамындагы 15 жумурият өз бетинче эгемендик туусун көтөргөн.

Алардын алды Европа Биримдигине өтсө, арты, элестүү айтканда, алигиче "жерден боорун көтөрө албай", авторитардык чидерден чыга албай жаткан чак.

Бул дээрлик үч муундук тарыхы бар коммунисттик дөөлөттүн чоо-жайын азыркы өспүрүмдөр дээрлик билбей калды. Ал эми улуу муун өкүлдөрү ал кездин оош-кыйыштарын улам жаңы фактылардын негизинде таразалап келет.

“Азаттык” үналгысы СССРдин 1991-жылы ойрон болушунун 20 жылдыгына байланыштуу атайын “Доор ураганда (1991)” мултимедиалык түрмөгүн сунуштайт.

Бул түрмөктүн максаттарынын бири – окурмандарыбыздан 20 жыл мурда ураган жана кызуу талаш-тартыш бутасына айланган залкар доор тууралуу мултимедиялык (аудио, видео жана сүрөт) тиркемеси бар каттарды кабыл алуу.

Балким, үй-бүлөңүздө ошол доордун элесин берген чоң ата-чоң энелердин, таята-тайенелердин, ата-апалардын архивдик сүрөттөрү бардыр? Ошол доордун турмуш-тиричилиги тууралуу эскерүүлөрүңүз жазылгандыр?

Ар бир айылдын Дүйшөнү (биринчи мугалими), Алтынайы, Уркуясы, Чолпонбайы, Телегейи болгон эмеспи!

Совет доорунун оош-кыйыш жактары жана кыйрашынын себептери тууралуу өзгөчө пикириңиз бардыр?

Сиздерди “Азаттык” үналгысынын “Доор ураганда” мултимедиа түрмөгүн
угууга,
окууга
жана көрүүгө,
ал тууралуу чогуу талкуу кылууга чакырабыз!


Бул күрдөөл доордо орун алган окуяларды бир гана макала же берүү менен менен чагылдырып жетише албайбыз.

Ошондуктан түрмөк “Азаттыктын” кабарчыларынын жана коомчулуктун серептерине, тасмаларына, аудио материалдарына, сыналгы жана башка берүүлөргө үстүбүздөгү жылы бою орток куржун болуп бермекчи.

Бизге кат жолдогондо “Доор ураганда” түрмөгү үчүн” деп кошумча эскертип коюңуздар.

Кат жиберүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

Катты кабыл алуудагы шарттарыбыз жана салттык шеринелик эрежебиз тууралуу окуп коюңуздар.

Баланы уруш керекпи?

Сиз балаңызды “киши болбойсуң”, “кой айдагандан башка колуңдан келбейт” деп тарбиялайсызбы? Же “менин балам (кызым) кыйын, башы иштейт” деп кулагына куясызбы?

"Азаттык" жаңы жылдагы алгачкы апта темасын бөбөктөр, жеткинчектер жана өспүрүмдөр маселесине арнап, наристелерге кыргыз коому туура тарбия жана билим береби, эмне үчүн кабыргасы ката элек жеткинчектер оор иштерге чегерилген, жылына ондогон балдар машине алдында калып же ур-токмоктон каза тапканы неге өкмөт менен коомдун, айталык, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй талкууну жаратпайт? – деген өңдүү маселелер тегерегинде баяндамаларды, интервьюларды, талкууларды тартуу кылмакчы.

Урматтуу окурман, бул маселеге сиз дагы ушул жерден пикириңизди, көз карашыңызды айтып, талкууга катышыңыз.

Казы-имамдар сынактан өтөт

Оштун борбордук мечити.

1-январдан тарта Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын кызматкерлерин, республикадагы бардык казы-имамдарды аттестациялоо башталат.

Алар текшерүүдөн толук өтүп бүткүчө буга чейинки милдетин аткаруучу деген макамда болушат.

Соңку учурда муфтиятта реформа тууралуу сөз байма-бай айтылууда. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы өлкөдөгү казы-имамдарды аттестациялоо да дал ушул реформанын алкагында жүргүзүлөт деп билдирип жатат. Муфтияттын өкүлү Рахматулла Эгембердиевдин маалымдашынча, текшерүү оболу алардын билим деңгээли ээлеген кызматына ылайыкпы, же жокпу дегенден башталат:

- Аттестациянын максаты аларды жумуштан алуу, кетирүү эмес. Максат – биздин имам, казыларды, муфтияттагы кызматкерлерди тастыктоо, бышыктоо, алардын документациясын кайрадан жаңыртуу. Ошондой эле аларды жаңы реформага даярдоо эсептелет.

Рахматулла Эгембердиевдин айтымында, бул реформага ылайык, муфтияттын структуктурасы да өзгөрөт жана жаңы устав киргизилет. Бул маселе боюнча мусулмандар ушул жылдын март айында курултайга чогулушат.

Казы-имамдарды аттестациялоону соңку жолу мындан үч жыл мурун муфтият өзү жүргүзгөн. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы анда бир катар кемчиликтер аныкталганын, бардык мечиттер катталганын билдирген. Эмки аттестацияга болсо муфтияттан башка сырттан да эксперттер, дин өкүлдөрү аралашмакчы.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да текшерүүгө байкоо салып турарын комиссия жетекчиси Болотбек Абдрахманов “Азаттыкка” маалымдады:

- Аттестация башталганда биз дагы өкүлдөрүбүздү киргизебиз.

Антсе да эксперттердин арасында бардык казы-имамдарды текшерүүдөн өткөрүп, алардын ишине таасир этүүдөн күмөн санагандар бар. Алтүгүл айрым мечиттерде мусулмандар башкармалыгынын тили өтүмдүү болбой каларын муфтияттын өкүлү Рахматулла Эгембердиев деле жокко чыгарбайт:

- Муфтиятты эмес, ошол облустук казыяттарды тоготпой иштеген кээ бир имамдар бар. Биздеги азыркы реформа мына ошолорду да түзмө-түз облустук, же райондук имамдарга баш ийдиргенге мажбур кылууга багытталган. Мажбур эмес, мындайча айтканда, ошолорду баш ийүүгө алып келген реформа болуп жатат.

Муфтияттын ишин жаңылоо өлкөдөгү соңку окуялардын шары менен көтөрүлүп жаткан шекилдүү. Башкасын айтпаганда да, түштүктө июнь коогасы мечиттерде азан айтуу менен башталды деген сөздөр коомду кыйла дүрбөлөңгө салган. Жакында эле Ош шаарында жоочу деп шектелип, өзүн-өзү жардырып жиберген адам калаадагы борбордук мечиттеринин биринин имамы болуп чыкты. Муфтийдин өзүн шайлоо деле кыйла ызы-чуу менен коштолгон болчу.

Адистер: Экономика эң жакшы дегенде 2012-жылы алдыга жылат

Кыргызстанда да банан сатылат. Бишкектеги "Ош" базары. 2010-жылдын тогуздун айынын 25и.

Жаңы башталган 2011–жыл экономика жана эл турмушу үчүн эмне берет? Айрым адистер азыртадан туура чаралар көрүлгөн шартта гана экономикадагы реалдуу өзгөрүүлөр 2012-жылдын орто ченинен тарта сезилерин белгилешүүдө.

2010-жылдын экономикалык жыйынтыктары азырынча толук чыгарыла элек. Бул адаттагыдай эле февраль же март айларына барып жасалуусу мүмкүн.

Мурдараак эл аралык валюта кору Кыргызстан 2010-жылды Улуттук дүң өндүрүшүнүн 3,5%га төмөндөөсү менен аяктарын болжолдогон.

Бирок Улуттук стастикалык комитет төмөндөө он бир айдын жыйынтыгы боюнча 1% болгонун билдирди.

2009-жылдын жыйынтыгында Улуттук дүң өнүмдүн номиналдуу же акчалай көлөмү 4,6 миллиард долларды түзгөн эле.

Эгер 2010-жылдын жыйынтыгында төмөндөө Эл аралык валюта кору болжолдогондой 3,5%га жетсе, анда Улуттук дүң өнүмдүн акчалай көлөмү 4,4 миллиард долларга түшөт дегенди билдирет.

Эл аралык валюта кору божомолун кайра карайт

Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Коба Гвенетадзе (Koba Gvenetadze) “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде белгилегендей, алар октябрда жарыяланган баяндамасында божомол жасаган кезде, июль–август айларындагы маалыматтарга негизденишкен.

Кийинчерээк Кыргызстандын улуттук дүң өнүмүнүн бириккенде 40%дан ашуун бөлүгүн берген айыл чарбасы менен соодадагы төмөндөө Эл аралык валюта кору болжолдогондон азыраак болду.

2010-жылы октябрда жарыяланган ошол эле баяндамасында Эл аралык валюта кору 2011-жылы кыргыз экономикасы 7%га өсүшү мүмкүн деп жоромолдогон.

Бирок кордун Бишкектеги өкүлү Коба Гвенетадзенин айтымында, алдыда бул божомолду соңку маалыматтардын негизинде кайра карап чыгуу талап кылынат:

- Адатта биз муну өлкөгө биздин миссиябыз келип, экономист адистерибиз бул секторго көңүл буруп, бүткүл маалыматтарды чогултуп, аларды бийликтер менен талкуулагандан кийин жасайбыз. Ал эми 2011-жыл үчүн айтылган цифралар жөнүндө сөз кылсак, өсүш биз буга чейин болжолдогондон (7%) бир аз төмөн болушу мүмкүн. Бул көп факторлорго көз каранды.

Эл аралык валюта корунун өкүлү “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, кыргыз экономикасынын өсүшү тышкы факторлордон анын негизги соода өнөктөштөрү Орусия менен Казакстандын экономикасы кандай өнүгөөрүнө көз каранды.

Казакстандын экономикасын Эл аралык валюта кору келээрки жылы 5%га, ал эми Орусияныкын 4,3%га өсөт деп болжолдоодо.

Ал эми Ала-Тоодогу ички факторлор катары Коба Гвенетадзе төмөнкүлөрдү атайт:


- Мен ички фактор дегенде өлкөнүн турукташуусун жана коопсуздук кырдаалын эске алып жатам. Ошол эле учурда бизнестин ишеними кандай болорун, ишкерлер чөйрөсү кырдаалды кандай кабыл алаарын да карашыбыз керек. Эгер алар кырдаал жакшырды, коопсуздук боюнча тынчыздануулар анчалык олуттуу эмес деп ойлошсо, ишмердигин кеңейтишет. 2011-жылдагы Улуттук дүң өнүмүнүн өсүшү үчүн дагы бир маанилүү нерсе – банк чөйрөсүндөгү кырдаалдын турукташуусу.

Эгер өлкөдө экономика Эл аралык валюта кору болжолдогондой 7%га өсүп кетсе, Улуттук дүң өнүмдүн акчалай көлөмү 4,7 миллиард долларга чыгат дегенди туюдурат.

Кыргызстан расмий эсеп боюнча Улуттук өнүмдүн эң чоң көлөмүн буга чейин 2008-жылы камсыз кылган, анда бул көрсөткүч 5,1 миллиард долларды түзгөн.

Бирок бул жерде Кыргызстанда көмүскө экономика бар экенин да эске алуу керек.

Экономикадагы өзгөрүү эң жакшы дегенде 2012-жылы сезилет

Келечектүү изилдөөлөр боюнча Бишкектеги борбордун директору, экономика боюнча доктор Чыңгыз Шамшиевдин пикиринде, Кыргызстандын өз статиститкасында чалкештиктер бар.

2010-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук дүң өнүмдүн чыныгы төмөндөөсү Эл аралык валюта кору болжолдогон 3,5%дык чектен да жогору болот.

Ал эми кайра өсүш, туура кадамдар жасалган шартта, 2011-жылы эмес, 2012–жылы гана сезилиши мүмкүн:

- Божомол анча деле жакшы эмес, экономикалык жигердик дароо эле келбейт. Ишкерлерге оптимизм бир нече ай ичинде эле кайта койбойт. Анын үстүнө биз толук саясий туруктуулуктан али алыспыз. 2010-жылдын окуялары 2011–жылы да өз таасирин берет. Экономиканы дароо ордунан жылдырууга мүмкүн эмес болгон поюзга салыштырсак болот. Андыктан 2010-жылы башталган токтоп калуу 2011-жылга эле эмес, 2012-жылга да өтөт. Эгер 2012-жылдын жарымынан тарта өсүш, илгерилөө кетсин десек, азыртан чара көрүүбүз керек. Кокус 2011-жылы да шайлоо өнөктүгүнө (президенттик шайлоого) көп күч кетип, бир орчун нерсе жүзөгө ашырылбаса, анда 2012-жылы да бизде эч жылыш болбойт.

Экономикадагы жигердик дароо эле жарала койбой турганын “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде Дүйнөлүк банктын адиси Светлана Багаудинова да белгиледи.

Анын көз карашында, Кыргызстандагы релдуулук ошол эле коңшусу Казакстандыкынан кыйла башка.

Кыргызстандын экономикалык өсүшү орто жана чакан бизнес менен байланыштуу:

- Кыргызстандын өсүшү көп жагынан орто жана чакан секторго көз каранды болот. Ал бүгүн өлкөнүн экономикасында борбордук орунду ээлейт. Бул жерде орто жана чакан ишкерчиликти келечекте да колдоочу ырааттуу саясат керек.

Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян да натыйжалуу чаралар азыртадан көрүлгөн шартта гана экономикадагы реалдуу өзгөрүүлөрдү эң жакшы дегенде бир жарым, же эки жылда көрүүгө болот деп эсептейт.

Бул жараян ириде жаңы өкмөт ишин канчалык сабаттуу алып бараарына көз каранды.

Ошондо экономикадагы жараяндардын оптимисттик варианты жөнүндө айтууга болот, дейт ал:

- Качан инфляциянын ыргагын бүгүнкү деңгээлде турукташтыруу же токтотуу, тышкы инвестициянын эсебинен экономиканын кээ бир тармактарын, анын ичинде өндүрүштү реанимациялоо, төмөндөөнү токтотуп, экономикалык өсүштүн жолуна түшүү мүмкүнчүлүгү жаралганда, дал ошондо өнүгүүнүн оптимисттик варианты пайда болот. Эгерде натыйжалуу чаралар көрүлсө, реалдуу өзгөрүүлөр бир жарым, эки жылдан кийин гана болот. Дурус натыйжаны биз дароо эле ала албайбыз.


P.S.
Кыргызстандын Улуттук статкомитети 2010-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү инфляциянын расмий көрсөткүчүн 16,4% деп белгиледи.

Газдын баасы бычыла элек

Көгүлтүр оттун баасын тактоо боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүлөр жаңы жылдан кийин уланмай болду.

“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Кыргызстан сунуш кылган баага өзбек тарап азырынча макул боло элек. Буга карабастан ишкана көгүлтүр отту арзан баада сатып алууга аракеттер уланаарын айтып, өлкөдө газ үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирүүдө.


Сүйлөшүүлөр жыл башында уланат


2011-жыл үчүн Өзбекстандан арзаныраак газ сатып алуу аракеттери күч. Бирок буга эмнегедир көгүлтүр от берчү тарап ынабай тургансыйт. “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү декабрь айынын акырында Ташкентке барып, Өзбекстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда кыргыз тарап газдын бир миң куб метрин 140 доллардан сатып алуу сунушун киргизди.

“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин айтымына караганда, бул сунуш кабыл алынар-алынбасы жаңы жылдын башында чечилмекчи:

- Биз өзүбүз койгон бааны сурандык. 140 доллардан деп. Алар болсо жанакы 240 доллардан 15 доллар түшүрүп берели дешти. “15 доллар түшүрсөңөр деле бизге оор болуп калат, биздин экономиканы көрүп жатасыздар. Анан коңшу мамлекет болгондуктан бири-бирибизге жардам берели. Эгерде мүмкүн болсо тактап туруп, дагы бир ылдый түшүрүп бергенге көмөктөшкүлө” деп биз суранып келдик. Алар ушу протоколго кол коюп, жаңы жылдан кийин бара турган болдум. Ошондо баасын такташабыз.


Кыргызстан бул жолу көгүлтүр оттун баасын арзандатуу менен көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдө. Натыйжада Өзбекстандан 500-600 миллион куб метр көлөмүндөгү газ алуу пландалып жатат. Өз кезегинде Өзбек тарап учурда 200 миллион куб метр гана газ берүү мүмкүнчүлүгү бар деп жооп кайтарышууда. Буга карабастан "газ үзгүлтүккө учурабайт" деп ишендирди Кулмурзаев:

- Азыр көрүп жатпайсыздарбы, мынакей. Келишимибиз жок деп жатышат. Газ болбойт экен деп ызы-чуу кылып жатышат. Мен кечээ күнү эле айттым. Газ бүгүн келип жатат. Аны газ алгандар үйүңөрдөн сезип жатасыздар. Газ алган өндүрүштөр иштеп жатат. Газ үзгүлтүккө учурабайт, түндүктө дагы, түштүктө дагы.

Милдет - баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө

Өзбекстан Кыргызстанды газ менен камсыз кылган негизги өлкө. Жыл сайын эки тарап ортосунда көгүлтүр от үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, карыздарды, төлөмдөрдү эсептешмей башталат. Ошол эле учурда убакыт өткөн сайын көгүлтүр оттун баасы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп барат. “Кыргызгаз” ишканасынын маалыматына караганда, 2000-жылдары газдын миң кубунун баасы 42 доллар болсо, 2006-жылы 55 доллар, 2007-жылы 100 доллар, 2008-жылы 145 доллар, 2009-2010-жылы 240 долларга барабар болгон.

Алмазбек Атамбаев
Кезегинде өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да бул көйгөйгө кайрылып, эң башкы милдет газдын баасын көтөрүп жибербей, жок дегенде ордунда сактап калуу экендигин билдирген:

- Газдын баасын алсак, негизги милдет баанын көтөрүлүп кетишин бөгөттөө. Менимче, биз бул аракетти ишке ашырабыз. Мындай ишеним бар. Биз Өзбекстан менен бул өңдүү бир топ маселелерди чечебиз деп ойлоп жатам.

Айрым маалыматтарга ылайык, учурда өкмөт бир гана Өзбекстан тарапты карап отурбай, башка өлкөлөрдөн газ тартуу аракеттерин көрүп жатканы айтылууда. Ошентсе да айрым байкоочулар Кыргызстан газдын баасын канчалык түшүрүүгө аракет жасаганы менен чылбырды кармаган Өзбекстандын талабы күчтүрөөк болоорун белгилешет.

Ж. Жанызак: Жаңы жылда эл байыса, мен да байыйт элем

Белгилүү журналист, публицист Жаныбек Жанызак жаңы жылды кантип тосорун айтып берди.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, сизди кыргыз коомчулугу өз позициясы бар, кайсы бир маселеде жеке пикири бар, ичиндегисин жаап-жашырып, шөкөттөп, жымсалдабай бетке айткан адам катары, оригиналдуу адам катары билишет. Кирип келаткан жаңы жылды кандай майрамдайын деп турасыз? Дегеле кандай майрамдап жүрөсүз?

Жaныбек Жанызак: Эми мен кадыресе жаны жылды кадимкидей эле тосом. Бир топтон бери ичпей калгандан бери анча жакшы сезилбейт. Бирок жанагы “холодец” дегенден жейм да. Ошондон өч алганча жейм жаңы жылда. Жаңы жылга бир күн калганда аялым эки шыйракты кайната баштайт. А мурда ичип жүргөн кездери эл катары эле тосчумун.

Мен эми жанагы кээ бирлери чыгып атпайбы “майрамдабаш керек, ал эле, бул эле” депчи ээ. Мен деген андай эмесмин. Анткени мен деген Көкө-Теңир деген Манас Атанын тукумунанмын да. Ошондуктан бул жаңы жылды деле майрамдай берем. Дегеле ыңгайы келип эле, адамдын көңүлү туура келген кандай майрам болсо да майрамдай берем...

“Азаттык”: Сиз айтып атпайсызбы, мурда ичип жүргөндө башкача болчу деп. Ошону менен азыркынын кандай айырмасы болуп калды? Эмне иччү элеңиз?

Жаныбек Жанызак: Он жыл болду ичкиликти таштаганыма. Эсимден деле чыгып калды. Бирок азыркы майрамдап атканым эс-акыл менен болуп калды да. Ал кезде алагүүлүк менен майрамдачумун да. Ал кезде ушу мен кыргыз экенимди деле анча билбесем керек. Жөн эле пенде катары майрамдап койчумун. Баягы, иче турган шылтоо күн болчу да жаңы жыл.

Негизи жаңы жыл деген катардагы эле күн да. Дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби деп күндөр катары менен кете берет. Сөзсүз ушул күн бирдемкени билдирет, сөзсүз ушул күндөн бирдемкени үмүттөнөм дебейм, азыр деле андай ойдо эмесмин.

“Азаттык”: Канча болду дедиңиз ичпей калганыңызга?

Жаныбек Жанызак: Он жыл болду. 2000-жылы койдум го, жанагы Ыйса Машаякка барганда...

“Азаттык”: Дагы эле ошол жакта жүрөсүзбү?

Жаныбек Жанызак: Жок, эки жылдай убактан бери Семетейдин жарчысы болуп аткандагы кербезим. Манас атанын арбагына сыйынып аткандагы кербезим. Мени азыр арбак азгырып кетип баратат да. Ошол арбакчы ээ, мени тээ түп кыргыз жакка алып кетет да. Ойлордун чабыты ушунчалык алыс кетип калат. Анан ошончо алыс жакта экенбиз деп туруп, мен тим эле өзүмдүн кыргызыма, мен кыргыз болгонума чындап эле сыймыктана баштайм да.

“Азаттык”: Адатта адат боюнча жаңы жылды тосоордо тарсылдак-турсулдактарды жасап, фейерверк кылабыз. Сиз ошентип жүрөсүзбү бала-чакаңыз менен?

Жаныбек Жанызак: Балдарым кичинекей кезинде биз Кытайдын салюттарын алып берчүбүз балдарга. Анан алар балкондон туруп алып аткылашчу. Эми азыр болсо балдарым чоңоюп калды. Улуу балам жыйырма алты кыргыз гезитин интернетке чыгарып атат. 24 жашка карап токтолуп калды. Кызым болсо азыр Кытайда окуп атат. Анан кемпирим экөөбүз тарсылдакты алып көчөгө чыга тургандай деле түр жок. 60 жашка чыгып калдым да. Бирок мен каршы эмесмин. Мейли тарсылдатсын. Өзүнүн ички демин, бугун чыгарсын, көңүлү менен сүйүнсүн. Бирок ошол тарсылдактар жанагылардын тарсылдагы болбосун, жанагы спорт ордосунун жанындагыдай.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, кийинки жылдан кандай нерселерди үмүттөнүп атасыз? Жакшы сезимдер барбы, кийинки жылы жакшы маанайдагы өзгөрүүлөр болот деген? Кандай тилектериңиз бар?

Жаныбек Жанызак: Негизи мен башынан жасап келген аракеттердин баары тынымсыз жакшы тилектерге байланышкан. Мен азыр кыргызча китептерди чыгарып атпаймынбы. Мына “кыргыз биртке бакубатчылыкта болсо, кичине тыйыны көбөйсө, ошондо менин китептерим көбүрөөк сатылып, мен да көбүрөөк байыйт элем” деген тилек бар да. Анан кыргыз биртке тынчыраак болсо, көңүлү тынчыраак болсо. Кыргызга жолтоо кылгандар аз болсо. Жо-жок, деги жок болсо жакшы болот эле андайлар. Анан ошондо китепти мен абдан көп чыгарат элем. Мектеп үчүн китептерди чыгарат элем. Анан “китеп чыгарам, китеп окуйм” дегендердин саны көп болсо. Интернет кеңири кулачын жайып атканда арзан компьютерлер чыкса, кыргыздын жанагы чирип аткан байлары жер-жерлерди шефке алса, интернетке кошсо. Анан ошондо Жанызактын сайты көп эл кирип чыккан чоң китепканага айланса..! Менин тилегим кандай экен, хе-хе-хе?

“Азаттык”: Жакшы экен...

Жаныбек Жанызак: Бул баары аткарыла турган эле нерселер. Тынчтык болсо эле, ден-соолук болсо эле аткарыла турган нерселер...

“Азаттык”: Бирок сизи айтып жүрүшпөйбү “өзү байыш үчүн, акча табыш үчүн эле эротикалык китептерди таркатып ийип атат” деп.

Жаныбек Жанызак: Хе-хе-хе, мен чыгарган китептер жалаң эле эротиканы баяндабайт. Мен чыгарган китептерде триллерлер, детективдер ж.б. бар. Азыр дүйнө, батыш адабияты кайда баратса, ошонун баары кыргызга кирсе экен, кыргыз көрсө экен дейм. Негизи ыплас нерсени да баары бир көрсөтүш керек. “Мынакей ыплас бул” деп. Себеби ошонун ыплас экенин эл билиши керек. А бирок эротикада кандай ыплас нерсе болушу мүмкүн?..

“Азаттык”: Бул жакшы эле көрүнүшпү?

Жаныбек Жанызак: Менин оюмча, бул жакшы көрүнүш, эротика деген. Абдан сонун, кадыресе көрүнүш. А жанагы 7-8 катын алып алгандардын жөнү башка. Мыйзам чегинде мен чыгарып аткан китептерге тыюу салына элек. Бирок албетте желмогуздар чыгышы мүмкүн. Эгер алар тыюу салса, анда мен башка китеп чыгарам.

“Азаттык”: Сизге чоң рахмат!

Койон жылдан эмне күтөбүз?

Жаңы келаткан койон жылы Кыргызстан үчүн кандай жыл болот, кандай өзгөрүүлөрдү тартуулайт?

Жолборс жылына айтылган божомолдор дал келдиби? Мына ушул маселелер “Азаттыктын” бүгүнкү талкуусунда сөз болду.

Талкууга к
оомдук ишмер Дастан Сарыгулов, жазуучу Асыкбек Оморов жана парапсихолог, астролог Лариса Асанбекова катышты.





















































Кыргызстандагы ишкерлер бийликке кайрылды

Жогорку Кеңештин жыйыны, 10-ноябрь, 2010-жыл

Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Улук мырза, дегеле өлкөдөгү көптөгөн көйгөйлөрдүн келип чыгышы экономиканын начарлыгына байланыштуу деп айтылып жүрбөйбү. Ошол экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү бизнес экени да белгилүү. Бизнес тармагын өнүктүрүү боюнча, инвестициялык жагдайды жакшыртуу, экономикалык жакшы шарттарды түзүү боюнча жаңы жыл алдында ишкерлер бийликке кайрылышты. Ушул кайрылуудагы негизги принциптер эмнелер болду?

Улук Кыдырбаев: Бүгүнкү күндө өзүңүз билгендей бизнес чөйрөсүндө көп эле көйгөйлөр, маселелер тууралуу сүйлөшүп жүрөбүз. Ал эми бул кайрылуу жылдын жыйынтыгына жараша, алдыда жаңы жыл келаткандыктан жасалып атат. Биз эми азыр премьер-министр А.Атамбаевге, парламентке, президентке кайрылып, ушул кезге чейин бизнеске, экономикага байланыштуу даярдалган мыйзам долбоорлорду тез арада, чукул мөөнөттө кабыл алсын деген тилек менен кайрылдык. Ошол мыйзам долбоорлор Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция кеңешинин ичинде даярдалды. Ага биз, ишкерлер, катыштык. Ошого көңүл бурулсун, жакшы мыйзамдар кабыл алынсын деген эле максат.

“Азаттык”: Айтсаңыз, негизи эле силер айтып аткан мыйзам долбоорлордун кабыл алынышы экономиканын өнүгүшүнө түрткү береби? Маселен, саясий системада олуттуу реформалар болбосо тоскоолдуктар кала берсе керек. Булар бири-бирине байланыштуу болсо керек. Кандай дейсиз?

У.Кыдырбаев: Ооба, туура айтасыз. Биз бүгүнкү убакта парламентаризмди куруу, ошол эле убакта аны коштогон жаңы мыйзамдарды кабыл алынышыбыз керек. Ал мыйзамдар экономиканын өнүгүшүнө багытталыш керек. Азыр мен айтып кеткен мыйзам долбоорлордун көбүнчөсү так ушул бүгүнкү демократиялык системага, парламентаризмдин түбүндө, негизинде даярдалган.

“Азаттык”: Парламентаризмдин негизинде өнүгө турчу мыйзамдар турбайбы?

У.Кыдырбаев: Ооба. Ошондуктан биз ошол эле маалда Жогорку Кеңештин депутаттарына айтып атабыз, “буларды өтө тез мөөнөттө кабыл алгыла” деп. Керек болсо биз менен кеңешип, чакырып сүйлөшүп, жөн эле созо бербей кабыл алуу керек.

Азыр убакыт жок, өзүңүз көрүп атасыз. Мына депутаттар бир эле маселени бир күн кечке сүйлөшүп атышпайбы, намазкана куруу ж.б. маселелерди. Биз айтып атабыз, ушундай кырдаалда абдан тез иштеш керек. Баарыбызга түшүнүктүү болгон маселелерди тез-тез эле өткөрүш керек. Мисалы өзүңөр көрүп атасыңар, Азия өнүктүрүү банкы бизге грант түрүндө 53 миллион бергенде даяр да. Бирок биздин Жогорку Кеңешибиз ошол бекер акчаны ала албай, толук бир күн сүйлөшүп, кабыл албай коюшту. Бул деген кандай Жогорку Кеңеш, ыя?

Ушундай бир оор кырдаалда, биздин мамлекеттик бюджетте, казынада акча жок болуп атса, биз отуруп алып мындай жардамды кабыл албай, демогогия менен алектенип атабыз. Эгерде ушундай эле түрдө парламент ишин уланта берсе, анда биздин суроолорго убакыт келгенде, анда бир күн эмес, бир жума, бир ай убакыт коротушат.

“Азаттык”: Бизде буга чейин деле жакшы-жакшы мыйзамдар бар экени айтылып жүрчү. Бирок коррупциянын денгээли жогору болгондуктан, бийликтеги адамдардын бизнес тармактарын монополиялап алышы сыяктуу нерселерден улам өнүгүү болбой келген дешет. Ушул коррупциялык системаны өзгөртүү керек дегендей маселеге да кайрылдыңарбы, жөн эле мыйзам долбоор жазуу менен чектелип калбай? Анткени ошол мыйзам долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөй турчу органдар ошолор да?

У.Кыдырбаев: Туура айтасыз. Ошол маселе да бар. Чындыгында Кыргызстанда буга чейин көп эле жакшы мыйзамдар жазылып, кабыл алынган. Бирок ошол мыйзамдарды аткаруу иштке ашпай келаткан үчүн көбүнчө ишкер адамдар кыйналып жүрөбүз.

Экинчиден, бизде деген ошол мыйзамдын аткарылышы үчүн мыйзам бар да. Мыйзамды аткарыш үчүн ар бир министрлик, агенттик, өкмөттүк мекеме өзүнүн токтомун, буйруктарын чыгарат. Ошол буйруктар, көрсөтмөлөрдүн ичинде кайра эле негизги мыйзамга каршы келген нормалар чыгып калып келет. Ошондуктан негизги мыйзамды аткаруу кыйын болуп атпайбы. Өкмөттө иштегендер дал ушул нерсени колдонуп, коррупциялык иш кылышат. Ошол себептүү биз ушул эле маселени көтөргөнбүз. Бул, Ички иштер министрлигинин, тартип сактоо системасынын маселеси. Бул боюнча өзүбүздүн концепцияны даярдап койдук. Аны биз президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңешке сунуш кылабыз.

“Азаттык”: Тартип сактоо органдарын реформалоо боюнча сунуштар да булар?

У.Кыдырбаев: Ооба, реформалоо боюнча.

“Азаттык”: Рахмат.

Алмазбек Атамбаев: Жер көгөртөм десең, ылай кеч

Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 30-декабрь.

Жыл тогошоор маалда Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” эксклюзив интервью берди.

“Азаттык”: 2010-жыл Кыргызстанга оор сыноолорду алып келди, бирок биз эми такыр башка мамлекетпиз деп билдирдиңиз. Кыязы, Сиз апрель жана июнь окуяларын айттыңыз окшойт.

Алмазбек Атамбаев: Ооба, апрель революциясы, айрыкча июнь каргашасы баарыбыздын көзүбүздү ачты. Бизди көрө албаган, Кыргызстанды бөлүп жарам деген күчтөр көп экенине күбө болдук. Ата-бабадан аманат калган мамлекетти, эгемендикти сактап калуу, биз өзүнчө мамлекет экенбиз, аны жок кылам дегендер бар экен – ушуну түшүнүп баштадык. Мына июнда көрбөдүкпү, кыргыз менен өзбекти эмес, Кыргызстан менен Өзбекстанды кагыштырып, биздин мамлекетти жок болсун деген аракеттер болду. Кудай сактады чынында. Апрелде да, июнда да Кыргызстан үчүн жанын берген эр көкүрөктөр болду. Алардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
7-апрелдеги каргаша.

“Азаттык”: Премьер катары Кыргызстандын экономикасы оор экенин мойнуңузга алып жатасыз. Ушундай шартта кандай өлөрман адам өкмөт башкарат?

Алмазбек Атамбаев: Чынын айтсам, экономикалык оорчулуктан такыр коркпойм. Эл-жерибизде тынчтык, ынтымак болсо, кудайым буюрса, анын баарын чечебиз. 2007-жылы деле экономика оор абалда турганда мен премьерликке келип, сегиз ай ичинде бюджеттеги дефицитти профицитке чыгарганга жетишкем. 2011-жылы экономиканы оң нукка салып беребиз, азыр айткандай, тынччылык, биримдик болсо. Бөлүнгөндү токтотуп, эми болоору болду да, биз 100 миллион эмеспиз, тырмактай элбиз, ошону эске тутуп, бирикпесек болбойт.
Мындан ары, кудай буюрса, кен байлыктарыбыз, сууларыбыз, башкаларыбыз бир үй-бүлөнүн чөнтөгүнө эмес, элдин казынасына бурулат.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстандын казынасы бош, дефолт болот деген сөздөр туш-туштан угулат. Бюджеттин, дегеле экономиканын абалына сереп салып бербейсизби?

Алмазбек Атамбаев: Бюджеттин дефицити азыр 16 миллиард сом. Бирок бир нерсени билип коёлу. Бакиевдин бийлиги 2010-жылга 13,5 миллиард сом дефицитти пландаштырган экен. Айырмасы 2,5 млрд. Бирок эмне деген алаамат окуяларды башыбыздан өткөрдүк! Ошого карабастан, жылыштар болуп жатат. Жолдор салынууда, Камбар-Ата-2 ишке кирди.

Албетте, 2011-жылы да бюджетте дефицит болот. Бирок, апрелде жанын берген жигиттер бизди эмне кылып өзгөрттү? Мындан ары, кудай буюрса, кен байлыктарыбыз, сууларыбыз, башкаларыбыз бир үй-бүлөнүн чөнтөгүнө эмес, элдин казынасына бурулат.

“Азаттык”: Кыргызстандын тарыхында мугалимдердин козголоңу болуп көрбөптүр. Эми алар айлыкты он миң сомго көтөрүүнү талап кылууда. Эксперттер эсептеп көрсө, бул үчүн бери дегенде жети млрд. сом керек экен. Сиз айлыктарын көтөрөм дедиңиз, качан көтөрөсүз, кандай булактар бар?

Алмазбек Атамбаев: Дароо айтайын: пенсия менен айлыктар дароо көтөрүлбөйт. Январдын аягында кайсы айда канчага көтөрүлөрүн айтабыз. Ар нерсени жети өлчөп, бир кесүү керек. Дароо көтөрөбүз, баарыңды жыргатабыз деген жарабайт. Мугалимдердин жарандык сезими ойгонуп, укуктарын жактап жатканына кубанып турам. Бирок элибиз сабырдуу, түшүнүктүү, айрыкча мугалимдер. Мисалы, мугалимдикин дароо көтөрүү үчүн башкадан алуу керек болот. Анда эмне, козголоңго чыкпайт деп пенсионерлердикин же майыптардыкын кыркабызбы? Жалаң мугалимдердики эмес, врачтардыкы да начар, пенсионерлердики андан беш бетер. Баарыныкын чогуу карап, анан мөөнөттөрүн так айтабыз.

2010-жыл, эсиңиздерде болсо керек, оорчулуктан, тарифтердин өсүшү менен башталган. 2011-жылы, буюрса, бензин, солярка арзандайт. Анын арты менен башкалар да аздыр-көптүр арзандайт. Свет менен газдын кымбатташына жол бербейбиз. Айтору, жайга же күзгө чейин элибиз жеңилденип калат деп ойлойм.

“Азаттык”: Уурулукту колго чаап, коррупцияны азайтуу менен бюджетти 1,5 эсеге чейин көтөрөм деп жарыялаганыңыз бар. Ал максат качан орундалат, анткени, мына эки тизгин, бир чылбыр колуңузга тийбедиби?
Азыр бир бай чыкты дегиче текшерүүчүлөр, анын артынан криминал баса калат бөлүш деп. Ушунун баарына чекит коёбуз.

Алмазбек Атамбаев: 2011-жылдын жыйынтыгында көрөсүздөр, ошол коррупцияны азайтуудан, элдин байлыгын элдин өзүнө бургандан тартып, ошондой болот. Мына, айталык, ошол эле “Центерранын” акциясын башкага сатпай, өзүбүзгө иштетебиз. Эки млрд. долларга жакын акча бар. Ошол эле алтын кендерин алсак, анын куну миллиард долларга тете. Бирок ал башка жакка керек болсо 300 сомго берилип кеткени бар. Байлыктын баары мамлекетке, элге бурулгандан кийин, буюрса, Кыргызстан өсүп-өнүп, келечекте Борбор Азияда эң бай мамлекет болот.

“Азаттык”: Белгилүү экономист жана финансист Жоомарт Оторбаев бизге берген маегинде Кыргызстандын көмүскө экономикасынын үлүшү өтө чоң деп айтты эле. Жаңы бийликтер катканыңарды алып чыккыла, эч кимди жазага тартпайбыз деп мунапыс да жарыялаган, бирок, алгылыктуу жыйынтык болбоду көрүнөт.

Алмазбек Атамбаев: Натыйжа чыкпаган себеби: анча ишеним болбоду окшойт. Көмүскө экономика, албетте, терең тамырлап кеткен. Аны жоюш үчүн мамлекет өзүнөн башташы керек да. Мына азыр ишкерлерди текшербеген ким гана жок? Милициясы, СНБсы, салыкчылары, финполициясы, толтура. Ошол текшерүүлөрдү азайтсак, ачыкка чыга башташат. Экинчиден, ачык иштесек болот тура деген ишенимди апкелиш керек. Азыр бир бай чыкты дегиче текшерүүчүлөр, анын артынан криминал баса калат бөлүш деп. Ушунун баарына чекит коёбуз.

Орусиядан эмне олжо болду?

“Азаттык”: Сизди Орусиядан олжолуу кайтып келди деп жатышат. Ошол эле учурда айрым күмөн сөздөр жүрүүдө. Мисалы, не себептен Орусия ар бир тонна бензинге коюлган 200 доллар салыкты бир жарым айга эле алат дегендей, ушул жерин ачыктап берсеңиз?

Алмазбек Атамбаев: Ырас, Москвадан жаман кайткан жокпуз. ЕврАзЭС фондунан 200 миллион доллар жеңилдетилген кредит сурадык, ага Орусия жардам бермек болду, буюрса, январдын 15инен кийин болот деп турабыз. Ал эми пошлина тууралу айтсам, Орусия өкмөтүндөгүлөр эки өлкө ортосунда талаштуу маселелерди 1-1,5 айда карап, анан чечпейлиби дешти, ачыгын айтканда. Биз айттык, ал талаштуу маселелердин баары Кыргызстанга керек, ошон үчүн 1,5 ай күтпөй эле бизге жаңы жылдык белек кылып, алып койгула, калганы бара-бара өкмөттөр аралык комиссия аркылуу өз жолу менен чечиле берет деп.
Алмазбек Атамбаев орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушууда.

Орус өкмөтүнүн бир топ мүчөлөрү каршы болгонуна карабастан, Путин чечкиле деди. Ошол эле “Газпром” келип, нефть-газ таап берсе жаманбы, же Нарында дагы ГЭСтерди бирге курсак болбойбу, же карыздарыбызды кессе жаманбы? Мындан бир жаман нерсе издебеш керек.

“Азаттык”: Эксперттер Орусия кантип эле жөн берип койсун, алгандын бергени бар, мисалы, ошол эле АКШ базасы тегерегинде соода болгондур дегендей ойлорду айтып жатышат.

Алмазбек Атамбаев: Мурда ошондой соодалар болчу экен. Качып кеткен президент мен базаны чыгарам деп, анан Орусиядан колуна 450 миллион доллар грант менен кредит тийгенден кийин америкалыктар менен базаны дагы беш жылга калтыруу келишимине кол коюп бериптир. Мен Путин менен баш-аягы жети жолу жолуктум, ага баарын айттым, базага байланыштуу жагын да. Эң негизгиси: мындан ары өз ара ишенишүү болсун, досчулук болсун деген бүтүмгө келдик.

Ошону менен катар биз башка мамлекеттер менен да – АКШ болобу, Кытай болобу, башкасыбы, мамилебизди бузбашыбыз керек. Айрыкча коңшулар менен тез арада мамилени оңдош керек, айрыкча Өзбекстан менен. Мына июнда Өзбек президенти Ислам Каримовдун достук мамилесин көрбөдүкпү.


A. Атамбаев: Орусиядан жаман кайткан жокпуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00
Түз линк



Түштүккө башка мамиле керек

“Азаттык”: Эми Түштүктү калыбына келтирүү маселесине токтололу. Ал жакта бул жараян оор өтүп жатканы, убактылуу үйлөр суук болуп жатканы айтылууда. Сиз кырдаалды жакшы билесиз да?

Алмазбек Атамбаев: Премьер катары биринчи сапарымды Ошко жасадым. Албетте, проблема көп. Бирок, дагы кайталайын: экономикалык проблемаларды чечебиз. Мисалы, Ош шаарына такыр башкача мамиле жасоо керек. Анда калп эле 200 миңдей киши жашайт дебеш керек. Чынында ал жерде жарым миллион адам жашайт, жер алалбай жүргөн 40-50 миңдей киши бар. Эми Ошко көп кабаттуу үйлөрдү салып, такыр башка шаар кылабыз.
Оштун көчөсүнөн бир көрүнүш, 18-июнь

Азыр негизги проблема – эл арасындагы нааразылыкты, ишенбөөчүлүктү жоюу, 400дөн ашуун адам каза тааптыр, жара терең чынында. Ушул балээни баштаган сепаратисттердин үйлөрү өрттөнгөн жок, өздөрү башка мамлекеттерде ээн-эркин жүрөт. Кыргызыбы, өзбегиби, каратаман калкка убал болду да, ошолордун үйлөрү бүлүндү, балдары курман болду. Аларга бул кагылыштын кереги жок болучу.

“Азаттык”: Бир катар укук коргоочулар Кыргызстанда аз улуттар басмырланып, ал эми кыргыз калкында улутчулдук сезим күч алды деген билдирүү таратууда, буга көз карашыңыз кандай?

Алмазбек Атамбаев: Ушул сөздөрдү айткандар кичине кудайдан коркушса. Ошол эле коңшу өлкөлөрдө кыргыздар кандай акыбалда турат? Карашпайбы. Жанагы сепаратисттер тайраңдап жүрбөдүбү. Ошол эле Батыров, ошол эле Абдрасулов “Алга, Кыргызстан” болобу, “Ак жол” болобу, дайыма депутат болуп, Акаев менен Бакиевдин каалгасын тээп кирип жүрүшкөн да. Ушу “Ватан”, “Содружество” деген партиялардын башчыларын көтөргөндө, же мына кыргызча билбеген саясатчыларды түрткөндө кыргыздарды да ойлосоңор деп кээ бир мамлекет башчыларына айткам.
Эми түштүк маселесин аягына чыгарууга тийишпиз. 90-жылдардагыдай болоору болду деп таштап салбай, уюштургандарды таап жазалоо керек. Ансыз чекит коюлбайт бул каргашага.

Менимче, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени, кыргыздар деле өз мамлекетин коргогусу, сактагысы келет. Башка мамлекеттерге жем болбосун дейт да. Ошол эле түштүктө 90-жылдары да автономия кылабыз деген сөз чыккан. Ошол себептен каршы маанай болуп жатат да. Менин оюмча, Кыргызстанда жашаган кайсы улут болбосун, өзүн Кыргызстан жараны деп эсептеш керек. Керек болсо паспортторго Кыргызстан жараны, кыргыз жараны деп жазыш керек.

Улутчулдук маселеси чыйрала элек, экономикасы өнүкпөгөн өлкөлөргө мүнөздүү. Мына Москвадагы Манежный майданында эмне болду? Улутчулдук бизге эле тиешелүү эмес экен. Американы алалы, ал жерде кайсы бир штаттын автономия талап кылганын элестетүү мүмкүн эмес. Ал жакта англичаны, немиси, орусу, кала берсе кыргыз менен түркү да бар, бирок баары өзүлөрүн америкалык жаран дейт. Биз да ошондой сезимге алып келишибиз керек. Ошон үчүн бул максатка эч каражат аябаш керек. Эми түштүк маселесин аягына чыгарууга тийишпиз. 90-жылдардагыдай болоору болду деп таштап салбай, уюштургандарды таап жазалоо керек. Ансыз чекит коюлбайт бул каргашага.


Кайнаса каны кошулат экен

“Азаттык”: Жаңы өкмөт “кайнаса каны кошулбаган” фракциялардын куралды, кулаган бийликтин өкүлдөрү менен революция жасагандар бирикти деп жазып жатышат, өзүңүз деле окуп жатсаңыз керек. Эгер андай болсо, сиз кечээ эле каршы чыккан оппоненттериңиз менен кантип ийин тирешип иштешесиз?

Алмазбек Атамбаев: Кыргызстандын биримдиги үчүн, келечеги үчүн бардык саясый күчтөр бирикпесе болбойт. Албетте, биз деле кээ бир партиялардай болуп, апакай бойдон калалы деп, терс бурулуп, басып кетсек болот эле. Эгер азыр өкмөт түзүлбөсө, Кыргызстандын тагдыры кандай болот эле, жаңы жылды тосот белек? Дагы бир шайлоону өлкө көтөрө алабы-жокпу? Же такыр Кыргызстан жок болуп кетеби?
Алмазбек Атамбаев президент Роза Отунбаева менен, 20-декабрь.

Баягы көнүмүш сөздөр чыгып жатат Атамбаев кызматка сатылды дегендей. Бир нерсени айтып коёюн: мектепте 8-9-класста окуп жатканда жайкысын ата-энеме жардам болсун деп, сугатка чыгаар элем. Ошондо какшыган жерге суу жайгың келсе, бутуң булганат, баткакка батасың. Ансыз кантип жерди көгөртөсүң? Ошондуктан, Кыргызстандын акыбалы минтип турганда бутту булгабайбыз деген, менимче, туура эмес. Кыргызстанды сактап калыш үчүн ылай болобу, жаман сөздөр болобу, коркпош керек, керек болсо өз тагдырыңды унутуп коюшуң керек.

“Азаттык”: Бизге берген маегинде өлкө президенти Роза Отунбаева демократтык күчтөрдүн парламенттик шайлоодо ойдогудай мөрөй албай калган жөнүн талдап, алардын лидерлеринин ашкере амбициясын, биз жеңдик деп кенебестик кылганын белгиледи. Демократтык лидерлердин бири катары Сиз буга кошуласызбы?

Алмазбек Атамбаев: Мисалы, биздин СДПК андай жеңил ойлуулук кылган жок. Тескерисинче биз апрелден кийин келген лидерлердин ынтымагы жок болгонун, эл ичинде ишеним азайып кеткенин сезип турганбыз. Чынында булардын ыркы жок экен, буларга ишенбеш керек деген сөз эл ичине кеткен. Айрым оппозиционерлер бийликке жеткенден кийин элин деле унутуп койбодубу. Аны моюнга алыш керек. Урматтуу президентибиздин амбицияга алдырышты дегени туура. Ошондуктан, биз башкача мамиле кылдык, экинчи болгонубуз ошондон.

Анан 29 партияны карасаң, бир тобу “атың чыкпаса, жер өрттө” деп, биз революция жасадык деп, жабыла шайлоого чыгып алышты, добуштарды бөлүп кетпедиби.

“Азаттык”: Демократиянын көзүрү – сөз эркиндиги. Азыр сиздин дарекке ар кандай сөздөр айтылып жатат. Тамашабы, сынбы, же жалаабы, сиз эми оппозиционер эмес, бийлик адамы катары кандай мамиле кыласыз, чычалабайсызбы?

Алмазбек Атамбаев: Эми саясатка чыккан соң ушак-айыңга, ылайга – баарына даяр болушуң керек. Мен эми ар кандай ушактарга көңүл деле бурбай калдым. Албетте, кайгырасың. 95-жылы мени эл душманы деп КТР шыбаганда апам чыдабай өтүп кеткен. Куран-керимде ушак таратуу, ак адамды жамандоо кишини өлтүрүүгө барабар деп айтылган. Библияда деле “клевета – смертный грех” деп жүрөт. Баарына чыдаш керек. Бирок, бирөөнү калп жеринен каралоо акыры жакшы болбосун турмуш көрсөттү. Мен эми андай жалаакорлорго кудайга койдум деп гана жооп берем.

“Азаттык”: Парламенттик өлкөлөрдүн тажрыйбасы көргөзгөндөй, элестүү айтсак, өкмөттүн өмүрү кыска келет экен. Эгер айткан убадаларыңыздын өтөөсүнө чыга албай калсаңыз, кызматты тапшырууга даярсызбы?

Алмазбек Атамбаев: Жана айткандай, мектепте сугатчы болгонумда сууну башынан жакшы бир нукка салып койсоң, суу өзү кете берет жайылып. Жарым жылбы, тогуз айбы же бир жылбы, ошо арада экономиканы бир нукка салып алсам, кийинкилери өзү кете берет эле. Мен беш-он жыл же өмүр бою ушу кызматта иштейин деп жулунган эмесмин. Кудайдын жазганын көрөм, канча иштесем да, экономиканы бир жолго салууга далалат жасайм.

Эми силердин угармандарга, кыргыз элине каалоом: жакшылык болсун, бөөдө кырсыктан тышкары бололу, ар бир үйгө кут-кубаныч кирсин, бир бололу, бар бололу!


А. Атамбаев: Ошко башкача мамиле керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00
Түз линк

Кыргызстанда уникалдуу операция жасалды

Кыргызстанда рак оорусуна чалдыккан бейтаптын мээ чучугун алмаштырган уникалдуу операция жасалды. Медициналык операциянын мындай түрү Борбор Азияда экинчи жолу жасалууда. Чебер колдуу хирург Абдухалим Раимжанов операциянын жыйынтыктары туурасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Абдухалим мырза, операция ийгиликтүү болду десек болобу?

- Операция, буйруса, ийгиликтүү өттү. Бирок берилген дарылардын таасири 2-3 күндө абдан катуу болот. Бүт кандын даначелери, лейкациттер нөлгө түшүп кетет. Трамбоциттер, гранулациттер абдан азаят. Ушул кездерде биз дарылардын он түрүн берип атабыз.

- Бул Кыргызстанда жасалып жаткан экинчи операция экен. Биринчиси качан, кимге жасалды эле?

- Биринчиси 2007-жылы мугалим аял кишиге жасалган. Ал экинчи топтогу майып болуп, үйдө отуруп калган болчу. Ошондон бери мына үч жыл өттү бир да жолу ооруканага жатып, дарыланган жок. Кудайга шүгүр, жумушка кайтып барды, мектепте сабак берет.

- Рак деген дарт абдан коркунучтуу угулат. Ак кан деген айыккыс оору катары кабыл алынат. Демек муну Кыргызстанда деле дарылоо мүмкүн болуп калса кыргыз медицинасынын чоң жетишкендиги деп айтсак болобу?

- Чоң жетишкендиги деп айтсак болот. Бул операция ак кандуу ооруларга, лейкоз, лейкимия, кандын рагына жасалат. Өткөн жылы депутаттарга, өкмөткө кайрылып, Саламаттыкты сактоо министрлиги болуп биздин клиникага 17 млн. сом бөлүп беришти. Бул борбордун тарыхында биринчи болду. Азыр биз 25 кишини атайын токтом менен дарылап жатабыз. Америка, Германия, Орусия, Жапония биргелешип жасаган токтом. Ошону менен дарылап жатабыз. Бир оорулууга бир жылга өмүрүн узартыш үчүн 15 миң доллар кетет.

- Мындай операцияга Кыргызстанда канча адам муктаж?


- Көп. Мисалы, бизде каттоодо эки миң оорулуу бар. Алардын 650дөн ашууну эң кыйын оорулар десек болот. Мен жалаң гана 15 жаштан улууларын айтып жатам. Жаш балдар онкология институтунда дарыланат.

- Демек бул оору жаштар арасында, жалпы эле адамдар арасында көбөйүп жатабы?

- Көбөйүп атат. Жылдан жылга көбөйүп баратат.

- Көбөйүп баратканын белгилеп жатасыз. Эмнеге 2007-жылдан бери эки гана операция болду? Же мүмкүнчүлүк чектелүүбү?

- Бул операциянын баасы Германияда жасаса 340 миң евро, Түркияда 200-250 миң, Москвада 100 миң долларга чейин. Кыргызстанда 25 миң доллар. Бизде каражат болбой эки жыл кыйнылдык. Быйыл 3 млн. сом бөлүнүп берилди. Азыр биринчисин жасадык, 2011-жылы, бйруса, министрлик да жардам берсе 5-6 кишиге операция жасап коебуз деген ойдобуз.

- Кыргызстан мээ чучугун которуу операциясы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн алдыда турат экен. Болгону эки жолу гана операция жасалса, эмнеси менен алдыда турат?

- Мындай операция Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда да жасала элек. Муну биринчи мен долбоор жазып интернет аркылуу жибергенде Түркия көрүп колдогон. Бул жакта ТИКА (түрк ишкерлер кызматташтыгы жана өнүгүү) деген уюм бар, алар менен келишим түзүп, Кыргыз-Түрк чучук алмаштыруу борборун ачтык. Алар расмий түрдө биздин долбоорду колдоп 100 миң долларлык жабдык алып келип беришти.

- Экинчи операцияга канча дарыгер катыштыңыздар? Түркиядан да профессор Сулейман Динчер да келген экен. Ал кандай көмөк көрсөттү?

- Сулейман Динчер келбесе деле өзүбүз эле операция жасоо даражага жеткенбиз. Бизде жети доктур, үч медайым Түркиядан үйрөнүп, окуп келген. Азыр бардык керектүү жабдуулар, дары-дармектер жетиштүү, сатып алганбыз. Динчерге телефон чалсам "мен жетим барам" деп калды. Анын жардамы - биздин доктурлар кантип иштеп атканын карап турду. Кээ бир кичине туура эмес жерлеринде айтып турду.

- Ушундай операция жасатуу үчүн демейде чет өлкөгө барышат. Көбүнчө Москва, Германияга. Демек бизде деле тажрыйбалуу доктурлар бар экен да?

- Бар. Кудай буйруса бул биринчи этабы аутотрансплантация. Бул оорулууну өзүн дарылап туруп өзүнүн чучугун, кемигин алып, кайра өзүнө берип атабыз. Экинчи операция бар -аллагендик трансплантанция. Эгер иниси ооруса кан, клеткалар, же кан тобу туура келсе агасынын инисине, атасынан баласына чучугун куюп бере турган дагы бир түрү бар. Бул кичине оор операция.

- Сизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!

- Мен да ушул убактан пайдаланып Кыргыз жергесинде жашап жаткан бардык улуттук өкүлдөрүн Жаңы жыл майрамы менен кутуктайм. Доктур катары баарына чын ден соолук каалайм. Ылайым элибизде, жерибизде тынчтык, амандык болсун. Улуттар аралык достук чыңдасын.

Ишеним “карызы”

Маалымат каражаттары кыргыз-орус алакалары, кыргыз өкмөт башчысынын Москва сапары тууралуу кеп кылышууда.

Гезиттер жарык көрбөгөндүктөн баяндамабыз интернет булактарынан алынган маалыматтардан жасалды.

Кыргыз өкмөт башчысынын Москвага сапарын саясат иликтөөчүлөр менен журналисттер ар кандай өңүттөн талдоого алышууда.

“24. kg”
маалымат агенттиги жарыялаган Данияр Каримовдун макаласында “Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Россиянын кезектеги ишеним “кредитин” алгандыгын жазып: “... ошентип Кыргызстанга жардам бере турган эң башкы өнөктөш баягы эле Орусия экендигин тарых дагы бир жолу тастыктады. Орус тарап менен байланышты жакшыртуу экономикалык жактан ыңгайлуу гана болбостон өлкө коопсуздугу үчүн да өтө маанилүү экендигин кыргыз элитасы эң сонун түшүнөт. Бакиев убагында эле Нарын дайрасынын боюна Гидроэлектрстансаларды чогуу-чаран куруу, “Газпром” менен биргелешкен ишкана түзүү, тоо-кен байлыктарын казуу жана иштетүүнү уюштуруудан Кыргызстандын экономикасына милиарддаган долларлар түшөрү эсептелген болучу. Эми Алмазбек Атамбаевдин үмүтү акталчудай көрүнүп калды. Ырасмий Москва кимге ишеним көрсөтүп жатканын билдирди. Ал эми Кыргызстандын премьер-министри Россияны эмнелер менен кызыктырганы азырынча табышмак бойдон калууда.

Ал арада парламенттин төрагасы Акматбек Келдибеков “Манастагы” америкалык авиабаза маселеси тууралуу азырынча сөз жок” деп кабарлады. Кыргыз спикери да “россиячыл” “Ата-Журт” партиясынын туусу алдында парламентке келгендерден. Баса ал бир нече айлар мурда Бишкек алдында Пентагондун турар-турбасын парламентке барганда териштирерин айтканы бар. Деги кандай болгон күндө дагы көмүскө суроолор көп. Ошол эле Россиядан келе турган каражаттар кандай көзөмөлгө алынат, баягычылап кайран акчалар максатсыз жактарга куркурап кирип кетпес бекен, баарынан да эң башкысы өкмөт башчысы Орусиянын ишеним кредитин актай алар бекен деген толгон-токой суроолор турат” деп баяндады.

Макаласын аяктап баратып автор Американын транзиттик борборунун калар-калбасы баары бир эртедир-кечтир жаңы түзүлгөн өкмөттүн алдына коюлбай койбостугун, аны орустар тарапка ыктап турган Алмазбек Атамбаев кантип чечерин мезгил көрсөтөрүн, анткени Кыргызстан Батышка да убаданы толтура бергендигин, анын үстүнө Америка тарапты анча жаман көрбөгөн өлкө президентин эсептен чыгарып салуу дегеле мүмкүн эместигин эскертти.

* * *

Ушул эле “24.kg” маалымат агенттиги эл аралык “демократия индекси” боюнча Кыргызстан дүйнөдө 106-орунда турарын орус маалымат булактарына таянуу менен кабарлады. Мындай баа ар бир өлкөнүн шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдөгү айкындуулугуна, саясый турмушка катышуудагы өкмөттүн аракетине, саясый маданияты менен эркиндигине жараша берилет.

Рейтингди аныктаган журнал 167 өлкөнүн саясый режимин иликтөөгө алуу менен 3 категорияга – толук демократия, кемчилиги бар демократия, гибриддик же авторитардык режим деп бөлгөн. Ошентип Кыргызстан 106-орунда болсо, Россия 107-орунда. Биздин өлкөнү авторитардык өлкөлөрдөн болгону 6 гана позиция алыстатып турат.

* * *

“Көпчүлүк депутаттар жалган юридикалык дипломдорго ээ болуп алышкандар” деп айтты белгилүү кыргыз социологу, профессор Кусейин Исаев Бишкек басма сөз кызматына берген маегинде.

Исаевдин айтымында Кыргызстанда акыркы күндө уруучулукту туу туткан элита пайда болууда. Жер-жерлерде тигил же бул уруулардын курултайлары өтүүдө. Көпчүлүгү мурунку доордун советтик-партиялык мыкчегерлери. Булардын бири да өз убагында мамлекеттик деңгээлге чейин өсүп-өнбөгөндөр.

Ошондуктан бүгүн билим берүүнүн сапатын көтөрүү милдети турат. Жалпы маданияттын деңгээли аябай эле төмөн түшүп кетти. Балтыр эти ката элек балдар жалданып иштеп жүрөт. 700-800 миң кыргыз аялдары менен балдары Уралдан Чукоткага чейинки базарларда олтурат...

* * *

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун айтымында элита деген кудай берген акылы жана ар тараптуу билими бар адамдардан акырындап калыптанат. Элита деген нарк-насили таза, коомду жакшы жакты көздөй өзгөртө турган күч болуп саналат. Мындай инсандар бараткан багыттын баалулугун аныктап, өзүнүн иши менен элди ээрчитип кеткенге жөндөмдүү болот.

Ал эми жогорку билими бар дипломду ала коюп эле үстөл кучактап, өзүн элита санап калгандар терең жаңылышат. И. Абдуразаковдун байкашынча алыскы элет жерлериндеги жашоо-турмушу начар үй-бүлөлөрдө аябай таланттуу балдар бар, бирок тилекке каршы андай балдардын шарты жоктугунан мүмкүнчүлүгү ачылбаган бойдон кала берүүдө. Кыргызстандын билим берүү тармагы ири алдыда дал ушундайларга кам көрүүгө тийиш.


* * *

Ысык-Көл облусунун жаратылышты коргоо башкармалыгынын аймактык кызматкерлери браконьерлерден тартылып алынган кайыктар менен балык кармоочу торлорду өрттөп жок кылууда. Облмамлекеттик админстрациянын басма сөз катчысы Назира Муканбетованын билдирүүсү боюнча, мындай акция кийинки 5 жыл аралыгында биринчи ирет болууда.

2006-жыдан 2010-жылга чейинки жүргүзүлгөн текшерүүдө облустун экологиялык кызматы менен күч органдар кызматы биргелешип Түп, Кутургу, Жети-Өгүз, Пржевал Пристанынан жалпы узундугу 67 километрлик тор, 21 желим, 10 жыгач кайыктары конфискацияланган.

Мыйзамдаштырылган нацизм

Орусияда улутчул маанайдагы топтордо 70 миңдей мүчө бар экени айтылат

Орусияда быйыл 37 адам кырма баш улутчулдардын колунан өлгөн. Дагы 368 киши жарадар болгон. Өлгөндөрдүн ичинде 16 адам - Борбор Азиядан келгендер. Бул тууралуу Москвадагы “Сова” укук коргоо борбору бүгүн жарыялаган жылдык отчетунда билдирди. Анын эксперттеринин айтымында, чет-өлкөлүктөргө чабуул өзгөчө Москвада жана Санкт-Петербургда көбүрөөк катталган. Докладдын авторлорунун бири Галина Кожевникова мурдагы жылдарга салыштырмалуу скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн саны азайганын, бирок коомдо “Орусия орустар үчүн!” деген ураанды колдогондор көбөйгөнүн айтты.

Жөнөкөй скинхед чеченге кол салгандан көрө көчө шыпырган кыргызга кол салганды оңой көрөт
Галина Кожевникова:
Узак убакыттан алып караганда, соңку эки жыл салыштырмалуу тынчыраак болгондой сезилет. Башкача айтканда, скинхеддер башка расадагы адамдарга азыраак кол салышты же бизге андай окуялар тууралуу маалымат жетпей жатат. Москва, Санкт-Петербург өңдүү ири шаарларда милиция чет-өлкөлүктөргө такай чабуул жасап келгендерди кармоо операцияларын күчөткөнүн көрдүк. Эми дайыма ушундай болот деп ойлобойм. Кичине эле милиция бош келсе, улутчулдар кайра активдеше башташат. Азырынча ушул эки шаарда кырмабаштардын чабуулдары азайды. Калган шаарларда абал мурдагыдай эле.

Төрөкул Дооров: Акыркы эки жылда скинхеддердин чабуулдары азайганына укук коргоо органдарынын иши активдешкени эле себеп болдубу же коомдо да чет-өлкөлүктөргө карата мамиле өзгөрүп жатабы?

Премьер-министр В.Путин футбол фанаттары менен жолугушууда, Москва, 21-декабрь, 2010
Галина Кожевникова:
Биз муну укук коргоо органдары активдүү иштей баштаганы менен байланыштырып жатабыз. Тилекке каршы, коомдо маанай өзгөргөн жок. Муну Манеж аянтында болгон акыркы окуялар деле көрсөттү. Мен мында футбол фанаттарынын ал жерде тополоң чыгарышканын эмес, ошол окуяларга карата орусиялыктардын мамилесин өзгөчө бөлүп айтмакмын. Акыркы сурамжылоолорго караганда, орусиялыктардын 10-15% Манеждеги окуяга өздөрү да катышкысы келгенин айтышты. Бул дегени өлкөнүн калкынын ушул бөлүгү Орусияда адамды расасына карата басмырлоону колдойт, ошого катышкысы келет дегенди билдирет. Анын үстүнө 2003-жылдан бери эле “Орусия орустар үчүн!” деген ураанды жалпы өлкө калкынын жарымынан көбү колдоп келатат. Бул – диагноз, коомдо ксенофобиялык өнөкөт оору бар экенин айгинилейт.

Төрөкул Дооров: Сиздер жылдык отчетуңуздарда укук коргоо органдарынын активдүү ишин белгилеген экенсиздер. Азыр эле сиз айткан Манеж аянтындагы окуялардан кийин премьер-министр Владимир Путин футбол фанаттары менен жолугушуп, ал жерде: “Силер өзүнчө бир үлкөн күчкө айландыңар. Мен ошон үчүн силер менен жолугушуп жатам”, - деп белгиледи. Муну сырттан карагандардын көбү “Путин да ал улутчулдарды колдоп жатат” дегендей комментарийлеп жатышты. Эмне үчүн өкмөт-башчы андай деди деп ойлойсуз?

Москвада футбол күйөрмандарынын тополоңу, 11-декабрь, 2010
Галина Кожевникова:
Менимче, бул бийликтин эмне кылаарды билбей, абдырап калганынан кабар берет. Жогорку бийлик көптөн бери улутчулдукту өзү каалагандай башкара алаарына ишенип келген. Бирок анын коркунучун даана сезгенде эмне кылышты билбей калды. Карап көрсөңүз, президент Дмитрий Медведев Манеждеги тополоңдон 3-4 күн өткөндөн кийин гана алгачкы билдирүүсүн жасады. Медведев менен Путин болсо биргелешкен билдирүүсүн андан алты күн өткөндөн кийин гана жарыялашты. Мунун баары бийликте азыркы улутчул маанайды кантип басыш тууралуу планы жоктугун билдирет. Путиндин фанаттар менен жолугушуусу, бир чети, “Кайсыл бир кыймылды баса албасаң, аны өзүң башкарып ал” деген өңдүү схемага туура келет. Путин дал ошол үчүн алар менен жолугушту деп толук ишеним менен айта албайм. Бирок ал жолугушуунун болгонунун өзү, кайсыл бир деңгээлде, улутчулдук биздин өлкөдө легалдашты, “орус нацизми мыйзамдаштырылды" деп түшүнсө болот.

Төрөкул Дооров: Быйылкы отчетуңуздарда кырма баш улутчулдардын колунан 2010-жыл ичинде 37 адам өлгөн болсо, ошолордун 16 борбор азиялыктар экенин айтыпсыздар. Буга чейин Кавказдан чыккан улуттар скинхеддерден көбүрөөк жабыркашчу. Бул ирет Борбор Азиядан чыккандар көбүрөөк өлгөнү эмнеден кабар берет?

Галина Кожевникова: Мунун баары миграциянын агымына жараша болот деп ойлойм. Мурда Кавказдагы ар кайсыл мамлекеттерден келгендер көбүрөөк болчу. Азыр деле орустар арасында кавказдыктарга карата жек көрүү сезими күч. Бирок алар Орусияда көптөн бери жашашат. Ошондуктан улутчулдардын чабуулдарына туруштук берүүнү да үйрөнүштү. Маселен, азыр скинхеддер азербайжандыктарга же чечендерге кол салгандан коркуп калышты. Анткени алар өч алганы келип союп кетиши мүмкүн. Ал эми борбор азиялыктар азырынча андай күчкө ээ эмес. Ошондуктан жөнөкөй скинхед деле чеченге кол салгандан көрө көчө шыпырган кыргызга кол салганды ыңгайлуу көрөт. Анткени ал көчөдө иштейт, жалгыз. Аны уруп-сабап кетишсе да, ал эч нерсе кыла албайт. Милицияга барса, аны укпай коюшу мүмкүн. Кээде, керек болсо, дворниктин өзүн башка эле кылмыштарды мойнуна илип отургузуп коюшу да ажеп эмес.

Араңжан абалдагы ишкерлик

Бишкектеги эмерек чыгаруучу ишкана, 12-ноябрь 2010-жыл

30-декабрда бир катар ишкерлер жаңы өкмөттү жана Жогорку Кеңешти бизнес чөйрөсүнө көңүл бурууга чакырган билдирүү таратты.

Алар Кыргызстандагы ишкерчиликке тоскоол болуп жаткан элүүгө жакын маселени көтөрүп, бизнес жүргүзүүгө ылайыктуу мыйзамдарды тезинен карап берүү талабын коюшту. Парламенттин айрым депутаттары болсо ишкерлердин маселеси жыл жаңыргандан кийин караларын убада кылышты.


Мыйзамдарды тартипке салуу керек


“Кыргызстанда болуп өткөн акыркы окуялар ишкерчиликтин белин майыштырып, жарым жан кылып койду. Эми бул тармак толук бутуна туруп, телчигип кетиши үчүн ишкерчиликке тоскоол болгон мыйзамдарды оңдоо керек.” 30-декабрда мына ушундай билдирүү менен ишкерлер өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылышты. Натыйжада жаңы өкмөткө ишкерлердин ишин текшерүүнү бир калыпка салуу, салык жана социалдык тармакка бөлүнгөн каражаттар жөнүндө отчет берүүнү жеңилдетүү, насыялардын жол-жоболорун оңойлотуу өңдүү талаптар коюлду.

"Ишкерлер бирикмесинин" аткаруучу директору Чыңгыз Макешов бул өңдүү талаптарды эки жыл мурда эле бийликке билдиришкенин, бирок эч кандай майнап чыкпаганын, жалгыз үмүт жаңы өкмөткө түшүп жатканын айтты:

Чыңгыз Макешов
- Мамлекеттен мыйзамдарды тартипке салуу жана ишкерчилик үчүн жакшы мыйзамдарды кабыл алып берүүнү сурадык. Мурдакы көп мыйзамдар билесиңер, үй-бүлөлүк башкаруунун, үч-төрт кишинин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган. Алардын ордуна элге жакшы иштерди алып келе турган мыйзамдарды кабыл алуу.

Ишкерлердин пикиринде, азыркы учурда өлкөдөгү бизнес тармагы тумчугуп, эркиндик издеп жатат. Айрым бизнесмендер ишинин келечегинен да күмөн санашууда. Кыргызстанда жаңы бизнес ачуу, аны жүргүзүү, салык төлөө багытында мыйзамдардын таттаалдыгы, айрым учурларда бизнеске криминалдык чөйрөнүн аралашканы бир катар ишканаларды көмүскөдө калтырганы аз келгенсип, чет элдик инвесторлордун үрөйүн учуруп, өлкөдөн оолак болууга түртүп келет.

Мындан улам Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев мамлекетти ишкерлер менен өнөктөш катары мамиле кылууга чакырды:

Бишкектеги тигүү ишканасынан бир көрүнүш
- Эгер бул маселелер дагы эле чечилбей жүрө берсе, абал такыр жакшырбайт. Ушул тапта бюджетке акча абдан керек. Бул өкмөт алдындагы биринчи маселе экендигин билебиз. Бирок акчаны кайда коротууну пландоодон мурда, биринчи кезекте акчаны иштеп табуу керек. Ал каражатты бизнес тармагы табат. Канчалык көп акча тапсак ошончолук көп салык төлөйбүз. Мындан биз өкмөттүн бизнес менен өнөктөш катары мамиле кылуусун талап кылабыз.


Улук Кыдырбаев билдиргендей, ишкерлер үчүн ылайыктуу гана мыйзам керек. Жакшы мыйзам болсо ишкерчилик өзүнөн өзү өнүгүп кетет.


Ишкерлерге шарт түзүлөбү?


Бизнесмендердин бул талаптарын Жогорку Кеңештин депутаты, экономика, инвестиция жана туризм боюнча комитеттин мүчөсү Равшан Жээнбеков туура деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы жылдан кийин ишкерлердин бул өңдүү маселелесин чечүү аракеттери башталат:
Равшан Жээнбеков

- Ишкерлердин көтөрүп жатканы маселеси туура. Чынында эле азыр биз ишкерлерге өзгөчө жакшы шарт түзүп бергенге аракет жасашыбыз керек. Мен иштеген экономика, инвестиция жана туризм боюнча комитет ишкерлердин көз караштарын, сунуштарын алабыз дагы, алардын айткандарын өкмөттүн мамлекеттин кызыкчылыгына туура келсе, бардыгын аткарып бергенге аракет жасайбыз.

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр арасында бизнес тармагында либералдуу мамлекет катары саналып, чакан жана орто бизнес ыкчам өркүндөгөн өлкө катары сыпатталып келет. Ал түгүл Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясы жакында “Бизнес жүргүзүү” деп аталган жылдык баяндамада бизнеске түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн абдан эле ооуп 44-орунду ээледи. Анткен менен ишкерчиликтин көйгөйлөрү алигиче чечилбей келет. Натыйжада ишкерлердин мүдөө-максаты качан ишке ашат? Ишкерчилик канчалык эркин болот? Бул жаңы өкмөт менен Жогорку Кеңештен көз каранды болчудай.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG