Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:30

Кыргызстан

Кыргызстан кайра Казакстанга ыктады

Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев жана Казак Республикасынын премьер-министри К.Масимов, 4-февраль, 2011-жыл, Астана

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттүк делегация Казакстанда жүрөт. Табигый байлыктарга бай кошуна өлкө менен экономикалык ымаланы өрчүтүү өкмөттүн башкы максаты болуп турат.

Былтыркы бийлик алмашуудан кийин Орусия, Түркия менен экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө аракет кылган Кыргызстан бул жолу Казакстанды мелжеди. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү Астанага барып, мунайга, табигый байлыктарга бай өлкөнүн жетекчилиги, бизнесмендери менен жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт.

Казакстан болсо Кыргызстандагы ири инвесторлордун катарына кирери белгилүү. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 360 миллион долларлык инвестициясы менен Казакстан ири инвестордун биринчи сабына чыккан.

Казакстан 2010-жылдын 7-апрелинен кийин 1,5 айга чукул чек арасын жаап койгон.
Бийлик башындагыларын былтыр экинчи ирет өлкөдөн кууп чыгып, парламенттик башкарууга өтүп, авторитардык өлкөлөр арасында жаман жосун баштаган Кыргыз мамлекетин ырасмий Астана жактырган эмес. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин 1,5 айга чукул чек арасын жаап салып, ансыз да кыйын абалда турган Кыргызстан ого бетер мүңкүрөй түшкөн. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев саясатты таштай туруп, оболу экономиканы өстүрүү керектигин айтып чыккан. Казакстандын ири мамлекеттик маалымат каражаттары Кыргызстандагы өзгөрүштөрдү начар өрнөк катары чагылдырып, мындай өзгөрүштөр өлкөнү сазга батырарын байма-бай айтып турушкан.

Албетте А.Атамбаев баштаган делегация Казакстандагы бийлик системасын, 20 жылдан бери бийликти колдон чыгарбай, эми дагы да өлкөнү башкара берүүгө умтулуп калган 70 жаштагы Н.Назарбаевдин позициясын билип турат. Андыктан ырасмий жолугушуулар маалында демократия сабактары, саясат тууралуу алгылыктуу баарлашуулар болушу күмөн. Кыргыз тарап да башкы максат – экономикалык алакаларды өнүктүрүү экендигин айтууда.

Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун экономикалык эксперти Баходир Раджапов “Азаттыкка” билдиргендей, көбүнэсе саясий чечимдер эки өлкөнүн экономикалык карым-катнашынын өсүшүнө жолтоо болуп келет. Маселен, Казакстан менен Орусия түзгөн Бажы союзу ошондой тоскоолдуктардын бири.

Бажы биримдиги тууралуу карикатура.
Эксперттин айтымында, Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелеринин 43 пайызы Бажы союзу койгон эрежелерге карама-каршы келет. Андыктан Кыргызстан бул уюмга кирүүдөн баш тартып, маселени башкача жолдор менен чечүүгө аракет кылуусу зарыл. Анын жолдорунун бири, мурдагы эреже боюнча соода алакаларын жүргүзүү болуп саналат. Андыктан Кыргызстан үчүн Бажы союзунун эрежелери эмес, мурдатан иштеп келген эркин соода алакалары ыңгайлуу:

- Бажы союзу өзү экономикалык жактан алганда пайдасы жок уюм. Бул көбүнчө саясий уюм, саясий чечим. Бул уюм эч бир мамлекетке, Орусияга, Казакстанга, Беларуска деле бир дагы пайда алып келген жок. Орусияда азыр айыл-чарба тармагы төмөндөп атат. Айыл-чарбасында иштегендер өздөрү айтып атышат, “ушу Бажы союзуна киргенден бери айыл чарба түшүп кетти” деп. Анткени Казакстанда айыл чарба продукцияларынын баасы арзаныраак да.

Ошентсе да бир катар өкмөт мүчөлөрү Бажы союзуна кошулуу демилгесин колдой турушканын, Дүйнөлүк соода уюмунун, ошол эле маалда Бажы союзунун мүчөсү болуу мүмкүн экенин айтып келатышат. Андыктан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө бул маселе да каралышы ыктымал.

“НСК Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын генералдык директору Сейит Каныметов "Азаттыкка" курган маегинде эки өлкөдө тең саясатчылар бизнеске аралашып кеткендиктен, өнүгүүгө тоскоолдуктар болуп келет. Андыктан Кыргызстан бизнес үчүн либералдуу шарттарды түзүп берсе, казак бизнеси саясатчыларын карап отурбай эле келмек:

Сейит Каныметов
- Саясат деген бизнестен өзүнчө болушу керек. Саясаттын жумушу ошол. Ал эми бизде саясатчынын өз бизнеси бар. Албетте ал “өзүмдүн гана бизнесим өнүксүн” деп, инвесторлордун кирүүсүнө ар кандай тоскоолдуктарды кылат. Алар атаандаштыктан коркот. Негизи эле Кыргызстандын рыногуна кирели, иштейли дегендер көп.

Бизде бийликтин формасы алмашты, Казакстанда диктат, бизде парламенттик система. Бизде демократия көбүрөөк. Анан алардын саясатчыларынын, өлкө башчыларынын кызыкчылыгы бар. “Кыргыздар бизнес кылбаш керек. Булар бизнес кылбаса начарлайт, жаман жагын көрсөтөт. Анан биз буларга колубуз менен көрсөтүп, “мына, парламенттик республика эмнеге алып келди? Булар кедей. Эч нерсе жок, кыйкырык, ызы-чуу” деп айтабыз деген ойлору бар. Ошентсе да айтып атам го, келебиз, иштейбиз дегендер көп. Мен көп казак бизнесмендери менен сүйлөшүп турам. Эгер биз бул жактан шарт түзүп бере турган болсок, инвесторлер келет, кадимкидей эле иштейт...


Жогорудагы адистер баса белгилешкендей, эң оболу казак бизнесмендери тоолуу Кыргыз мамлекетинин айыл чарбасына, тоо-кен тармагына жана каржы рыногуна кызыгышат. Андыктан өлкө жетекчилиги экономиканы болушунча лилбералдаштырып, саясатчылардын бизнеске кийлигишүүсүн токтоткон учурда казак инвесторлору эле эмес Европа өлкөлөрү, Жапония, Корея, Түркия баштаган бизнестин киттери агып келерин күтсө болот.

Ал арада премьер-министр А.Атамбаев Астанада казак премьери Карим Масимов менен жолугушуп, соода-экономикалык алакаларды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Эки тарап энергетика, газ жана мунай, айыл-чарба, миграция жаатында кызматташуу керектигин белгилешти. Андан соң премьер-министр А.Атамбаев баштаган делегация Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Казак президенти өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялап, аны 3-апрелге белгиледи. Президенттин көзүн караган казак парламенти ага алгачкы президент катары каалаганча президенттикке талапкер болуу укугун берген. 20 жылдан бери Казакстанды башкарып келаткан 70 жаштагы Н.Назарбаев быйыл да шайлана турган болсо дагы жети жыл бийликте калат.

Кыргыз кыргызды жамандагандан жайрайт

Кыргыз тилдүү гезиттер өлкө турмушундагы окуяларды чагылдырган ар кандай темадагы макалаларга, маектерге кеңири орун берди.

“Фабула” деген жаңы аталыш менен чыга баштаган “Форум” гезити бул санын журналист Баратбай Аракеевдин баш макаласы менен ачты.

Автор Убактылуу өкмөткө кара көө жабуу аракетин кылып, “бакиевдердин ячейкаларынан алынган акча каякка кетти?” деп издеп жаткандар ошол эле “бакиевчилер” экенин белгилеп: “Азыр чоң кызматта отургандар, кызмат жетпей калгандар жана популисттиги ашып-ташыгандар. Жоголгон, тонолгон, уурдалган акчанын эсебин табууну каалагандар болсо, биринчи иретте Курманбек Бакиев менен Максим Бакиев, Жаныш Бакиев жана башка Бакиевдер алып кеткен миллиондогон долларлардын изине түшкүлө, эмдигиче бир доллар да кайтарыла элек. Баягы Акаевди кулатканда Жалал-Абад банкынан Жаныш Бакиев уурдаган акчага депутаттык комиссия түзүлсүн, “Манастагы” күйүүчү майдан миллиондорду жеген Максим Бакиев, башкалардан жеген Ширшов, Елисеев, Балкыбеков изделсин, Түлеев менен Сулаймановду кустурсун” деп жазды.

“Фабула” гезити андан ары Кыргыз драма театрында кайрадан чыр-чатак башталганын, анткени театрдын көркөм жетекчиси болуп иштеген эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов бошотулуп, ордуна Элвира Ибрагимова деген айым отурганын, Таластын "Андаш" кенине байланыштуу талашка дагы эле чекит коюлбай келатканын, бою кыска, бирок ою узун Мелис Эшимканов чээнден чыкканын, Жалал-Абаддагы 7-апрелден кийин обого чыга баштаган 7-канал деген телекөрсөтүү Курманбек Бакиевди мактаган, Убактылуу өкмөттү жамандаган берүүлөрдү байма-бай көрсөтүп келатканын, жергиликтүү тургундардын айтымында аталган телеканал депутат Камчыбек Ташиевге таандык деген сөз бар экенин маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын өтө оор шартта түзүлгөн өкмөт бир жарым ай аралыгында күндүр-түндүр иштеп жатканын белгилеп, анын кандай иштерди жасаганын санакка алган материалды окурмандарга сунуш кылды.

Президент Роза Отунбаеванын саламаттыкты сактоо, коопсуздук, чегара маселелерине байланыштуу Ош шаарында өткөргөн жыйыны тууралуу макалалар, Түрк мамлекетинин өкмөт башчысы Эрдоганды кабыл алуусу, аны менен кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаевдин жолугуп сүйлөшкөндөрү туурасында ырасмий материалдарга орун берилген.

Саясат талдоочу Уран Ботобеков маек куруп, Кыргызстанга тамырын жайып кирген “Хизб-ут Тахрир”, “Салафия”, “Ахмадия”, “Ваххабия” деген диний агымдардын баары араб өлкөсүнөн экспорттолуп келгенин, алардын араб өлкөсүндөгү диний топтор менен моралдык да, материалдык да байланышы бекемдигин белгилеп: “Репрессия канчалык күчтүү болсо, алар ошончолук радикалдашат, ошондуктан Кыргызстанда радикалдуу диний агымдар менен иштешүү багытында атайын программа иштелип чыгышы зарыл, мамлекет салттуу исламдын идеологиясын бекемдеши керек” деп айтты.

“КСДП лидери Алмаз Атамбаев жаңы өкмөттү тамсил нугунда түздү. Эсиңиздеби, гиена менен чөө суу ичкен чөөтү түгөнүп баратканда элдешет. Алмаз Шаршенович бакиевчил “Ак жол” менен бийликти устукандашып бөлүп алды. Бул эмнени каңкуулайт? Партия лидерлеринин принципсиздигин. Бир идея, жалпы максатка биригип кызмат кылмак тургай, элементардуу чындыкты издөөнүн, акыйкаттыкты сүйүү касиеттин чукактыгын” деп белгилеген “Жаңы агым” гезитинин бүгүнкү санындагы макаласында Алым Токтомушев калктын калың катмары революция жыйынтыгына нааразы экендигин, ал нааразылыкка жакырчылык, жетишпестик кошул-ташыл болуп, калк калп эле өзгөрмүш эткенди эмес, кардиналдуу өзгөрүүнү күтүп жатканын, алтургай 3-революция жөнүндө үндөр чыгып, анын качан башталарына чейин так көргөн көзү ачыктар пайда болгонун баяндап, “чын эле бийликке ишеним кредити түгөндүбү?” деп суроо салды.

“Кыргыз руху” гезитиндеги макаласын Азизбек Келдибеков “Бюджеттин тартыштыгын “жинди суу” менен жоебуз” деп атап, Орусия арак менен аракечтикке чабуул коюп жатса, биздин өкмөт Бабановдун концепциясы боюнча арактын санын көбөйтүү менен бюджет тартыштыгын жоймокчу болуп жатканын сынга алып: “Баракелде, кыргыз ушул жылдан баштап ичкилик ичкенди арбытпаса бюджет таңсыктыгын башка жолдор менен толтурууга чамасы жетпейт экен. Бул өкмөт менен да жетпеген бойдон жүрүп, тешилген жамаачыбызды бүтөй албай өтүп кетет окшойбуз” деп жазды.

“Кыргыз руху” гезити бул санына ошондой эле “Кыргызстан-Түркия өкмөттөр өнөктөштүгү” деген баштеманын алдында эки өкмөттүн биргелешкен билдирүүсүн жарыя кылды. Билдирүү 20 беренеден турат.

Ушул эле гезит Талас дубанында болуп өткөн биринчи элдик курултайдын коомчулукка кайрылуусун жана токтомун басты. Анда ушул жылдын март айынан кечиктирилгис мөөнөттө мамлекетибиздин Улуу Улуттук Курултайы чакырылсын!” деп жазылган.

“Алиби” гезити “уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы кайрадан түзүлдү” деп кабарлап, мына ушул уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы же кыскартылып аталып келаткан ГУБОП бирде ачылып, бирде жабылып отуруп, 2006-жылдын аягында, Өмүрбек Субаналиев минстр болуп турганда кайрадан түзүлүп, айрыкча анын башчысы болуп Мелис Турганбаев дайындалары менен кылмышкерлерге каршы катуу чабуул башталганын, башкармалык кылмышкерлердин түшүнө кирип, ГУБОПтун колун түшүп чыккандан кийин көбү “авторитет” болууну каалашпай калганын, Мелис Турганбаев 2007-жылы уюшкан кылмыштуу топ менен дагы ыкчам күрөшүү үчүн штатты 50 процентке көбөйтүп түзүп, Ысык-Көл, Нарын обулустары боюнча бөлүмдөрүн, Балыкчыда офисин ачуу планын билдиргенин, анан Турганбаев министрликтен кетери менен иш солгундап отуруп, 2008-жылы кичинекей бир бөлүмгө айлантылып тынганын, эми ошол башкармалык бүгүн кайрадан түзүлүп, башчылыгына тажырыйбалуу полковник Какен Сатыбалдиев дайындалганын жазып чыкты.

Аталган “Алиби” гезити андан ары “Кедей Кыргызстан миллиардерлерди кантип багып жатат?” деген Бек Мамашевдин макаласын “Үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жууратгүл” деген рубриканын алдында тартуулады.

Аскаровдун соту: Чындык ким тарапта?

Азимжан Аскаров (сот мезгилиндеги сүрөттөн фрагмент), 2010

2010-жылы июндагы Базар-Коргондо милиционердин өлтүрүлүшү боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Кыргызстандын Жогорку Сотунда каралууда.

Укук коргоочу райондук сот тарабынан өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө кесилген. Укук коргоочулар жана байкоочулар айыпталуучу тараптын күбөлөрүнөн эч ким суралбай калгандыктан, соттон ишеним кеткендигин айтып келатышат. Жапа тарткан тарап тескерисинче, Жогорку Сот Азимжан Аскаровду актап жиберет деп чочулап турган чак.




Журналист: Ажаат ачкан Азимжан

Гафуржан Юлдашев - Өзбекстандын жараны, анжияндык жазуучу, журналист. Ага турмушунда эң бир кыйчалышта эки кыргыз жараны жардам берди. Бири Чынгыз Айтматов болгон, маркум жазуучу Юлдашев Москвада Адабият институтунда окуп жүрүп, үй-бүлө шартына жараша окуудан калып калганда, окууга кайра кирүүгө жардам берет. Экинчиси - азыр Жогорку Соттун бүтүмүн күтүп Бишкектин жака-белиндеги колонияда отурган базаркоргондук укук коргоочу Азимжан Аскаров.

Гафуржан Юлдашев мындан бир нече жыл мурда Өзбекстандан жан соогалап качып, Азимжан Аскаров жана башка кыргызстандык укук коргоочулардын жардамы менен чет өлкөдөн боштондук тапкан.

Бүгүн Канадада сүргүндө жашаган Юлдашев 2005-жылдагы Анжиян окуялары мезгилинде "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы эле. Жүздөгөн анжияндыктар куралдуу күчтөр тарабынан курчалып, атылгандан кийин коркутуулар башталганда, ал Кыргызстан аркылуу качууну чечет. Алды менен Базар-Коргондогу укук коргоочу Азимжан Аскаровго өзү барып жолугат:

- Мен Азимжан Аскаровду мурда таанычу эмесмин. 2006-жылдын 25-февралында анын үйүндө болуп, биринчи жолу ошол жерден учураштым. Мага бир таанышым Аскаровго кайрыл, ал жардам берет деген. Мага үй-бүлөмдү Өзбекстандан алып чыгып кетиш керек болчу.

Укук коргоочу ошол эле күнү такси алып, Анжиянга кетет:

Гафуржан Юлдашев Канадада, 2010-ж.

- Ал биздин үйгө барып, менин үй-бүлөмдү алып кетмек болгон. Биздикилер бүгүн кете албайбыз десе, эртесиге сүйлөшүп, кайра Базар-Коргонго келди. Мага айтты, бир күн дагы күтүш керек, бүгүн ушул жерде кал, бала-чакаңды эртең алып келем деди.

Ошентип, өзбекстандык журналистке Базар-Коргондо түнөп калууга туура келет. Ал Азимжан Аскаровдун аялы, балдары менен таанышат. Ошондо үй ээси сүрөтчү экенин үйүндө илинген сүрөттөрдөн билет:

- Мен таң калдым, сүрөттөрүн көрдүм. Пейжаз тартат экен. Мен жаш кезимде фотограф болгом, ошондуктан жакшы сүрөтчү экенин баамдадым. Китептерин да көрдүм. Көп китептери бар экен, Авиценна, медицина тууралуу. Ал ар кыл темага кызыкчу.

Юлдашев Аскаровдун иштеген жеринде да болот (укук коргоочунун Базар-Коргондогу кеңсеси июндагы коогада өрттөнүп кеткен). Ал жерден жардам сурап келген он чакты кишини, анын ичинде кыргыздарды көрөт:

- Базар-Коргондо эки күн туруп калдым. Ошондо анын кеңсесине бардым. Ал жерде кыргыз улутундагы толмочунан келген бир аял отуруптур. Ал жардам сурап келиптир, милийсалар уулумду жөн жерден эле абакка отургузуп коюшту деп айтып жатты. Дагы 7-8 киши арызданып келишиптир. Эки күн болуп, анын иши кандай экендигин билип калдым.

Ардагер укук коргоочу

Базар-Коргондогу «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген Азимжан Аскаров төрт баланын атасы, быйыл 60ка чыгат. Укук коргоо ишинде негизинен абактагы кыйноолор менен алектенди.

2003-жылы түрмөдө тартип коргоочулар зордуктап, абакта отурган эркектерге сатып, ошол жерден боюна бүтүп калган Зулхумор Тухтаназарованы коргоп, ал иш боюнча айыптуулар, анын ичинде тергөөчүлөр иштен алынган. Ал аял кийин түрмөдө төрөп, баласы бир айдан кийин чарчап калган.

Аскаровдун кесиптеши, укук коргоочу Назгүл Турдубекова буларды эскерет:

- Милиционерлер аялды айыпкерлерге салып берген. Ал аял кийин колу кишенделген бойдон, түрмөдө төрөгөн. Аскаров бул кылмышка тийешеси бар тартип коргоочулардын сот жообуна тартылышына жетише алган. Бул чуулгандуу чоң процесс болгон.

2004-жылы прокуратура өлдү деп жаткан Майрам Заированы Аскаровсотко ээрчитип келип, аны өлтүрдү деп соттолгон базаркоргондук Яркынай Мамажанова менен Хусанбай Ражапторду куткарып калган. Бул кыңыр тергөөгө байланыштуу райондун прокурору Расул Умаров кызматынан алынган.

Бул Азимжан Аскаров жардам берген адамдардын айрымдары гана.

Нургазы Алымкулов, базаркоргондук сот Аскаровду өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө кесүүгө өкүмдү окуп жаткандагы сүрөт.

Мына ушул укук коргоочу былтыркы коогада Базар-Коргондо милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун өлтүрүлүшү боюнча 15-июнда, чакыруу менен ички иштер бөлүмүнө келген жеринен камакка алынган. Камалганга чейин ал айылдагы өрттөлгөн үйлөрдү сүрөткө түшүрүп жүргөн.

Райондук прокуратура ага барымта, улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козутуу, киши өлтүрүүгө катыш боюнча, бардыгы болуп 10 айып тагат. 15-сентябрда ал өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилет. Бул -Кыргызстандагы эң жогорку жаза. Кийин Жалал-Абад областтык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

27 жолу бычакталып, али тирүү кезинде бензин куюлуп өрттөлгөн 41 жаштагы Сулаймановдун артында аялы Чынара Бечелова төрт баласы менен жесир калды.

Сулаймановго кол салуунун алдыңкы күнү райондогу мал базарда бир кыргыз өлтүрүлгөн болот. Сулайманов өлтүрүлгөн күнү дагы бир нече кыргыз, анын ичинде райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жараат алат.

Азимжан Аскаров өзүнө коюлган айыптоолорду мойнуна алган жок.

"Өч алуу соту"

25 жылдан бери кыйноолорго каршы күрөшүп, акыйкатсыздык менен кармашып келген ардагер активист кандайча өтө оор кылмыштар боюнча соттолуп кетти?

Анын кесиптештери муну Аскаровдун укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө байланыштырышат жана анын ак же кара экендигин акыйкат сот аныкташы керек деп эсептешет.

Бирок сот процессинде адвокаттар менен айыпталуучуларга кол салуулар болгон, байкоочуларга да айбат көрсөтүлүп, айыпталуучу тараптын жакындары жана күбөлөрү сотко таптакыр катыша алган эмес.

Ошону менен ачык процесстер жапа тарткан тараптын гана катышуусу менен, демек иш жүзүндө жабык өткөн. Ушуга байланыштуу Эл аралык укук коргоочу Хьюман Райтс Вотч уюму сот ишин «өч алуунун жеңиши» деп мүнөздөгөн. Ал эми өз алдынча иликтөө жүргүзгөн Акыйкатчы Турсунбек Акун аны «саясий процесс» катары баалаган.

Мындан тышкары, Жалал-Абатта абакта жатканда Азимжан Аскаров уруп-сабалган, бирок баштапкы сот ишинде бул жагдай эске алынган эмес.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекованы угалы:

Азимжан Аскаров , кыйноодон калган тактары менен, 2010

- Денеси, бөйрөк жактары бүт көгала. Адвокаттар, укук коргоочулар сүрөткө тартып келген. Кыйноого дуушар болгону бул факт.

Кыргызстанда акыйкаттык системасында жогоруда айтылган одоно калпыстыктарга кандайча жол берилди? Турдубекованын айтымында, бүгүн өлкөдө түштүктөгү жергиликтүү тартип коргоо органдары менен борбордук өкмөттүн ортосундагы вертикаль бузулган. Бул Азимжан Аскаровду коргоого келгенде да айгине болду.

Назгүл Турдубекова:

- Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов баш прокуратуранын документтери менен барат. Анын Аскаровду көргөнгө укугу бар болчу, бирок жергиликтүү прокуратура менен тартип коргоо органдары аны киргизбей коюшкан. Канча жүрдү?! Макул деп коюп, кетип калышат. Кийин гана канча чуркап жүрүп, киргенге уруксат алды. Киргенден кийин да, адвокат Аскаров менен эркин сүйлөшө алган жок.

Кыргызстандын Жогорку Соту Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызын өткөн айда карап баштады. Байкоочулар Жалал-Абаттагы соттор карабай койгон жагдайларга байланышкан документтерди Жогорку Сот кароого алгандыгын жылыш катары баалашууда. Ошол эле убакта сот процессинин акыйкаттыгына шек келтирген айрым жагдайлар кала берип жаткандыгы айтылууда. Бул жаатта Кошмо Штаттарынын элчилиги да жакында атайын билдирүү таркатты.

Баатырдын жесири

8-февралга белгиленген угууларга Базар-Коргондо өлтүрүлгөн милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун жесири чакырылган, бирок Чынара Бечелова "Азаттыкка" жаш балдары менен Бишкекке улам кайра бара албай тургандыгын билдирди. Ал күйөөсү өлгөндөн бери бир катар материалдык жардам алгандыгын бышыктады:

- Балдарыбызга жөлөк-пул, пенсия чыгарып берди, компенсациясын алдык. Күйөөм милицияда иштегендиги үчүн кызмат маалында өлсө, 20 жылдык айлыгын чыгарып берет экен. 590 миң сом алдык.

Бечелова Аскаровдун жана аны менен кошо кесилген жети кишинин мүлкү конфискациялангандан кийин бериле турган акчаны али ала алектигин, ал боюнча тийешелүү арыздарды тапшырганын кошумчалады.

Ошол эле убакта Бечелова Жогорку Сот Азимжан Аскаровду актап жибериши мүмкүн деп чочулап жаткандыгын жашырган жок. Ал ошондой эле күйөөсүнүн өлүмүнө ичи ачыгандыктан өзү жана жакындары райондук соттун жүрүшүндө айыпталуучуларга жана анын адвокаттарына ыдык көрсөткөнүн кыйыр болсо да мойнуна алды:

Чынара Бечелова (оңдо) Базар-Коргон сотунда, 15-сентябрь, 2010.

Чынара Бечелова: Ал (күйөөмдү өлтүрүүгө) катышкан. Күйөөм менен кошо 15 милиция кызматкери барган. Ошолор көргөн - Аскаров буйрук берген экен.

"Азаттык:" Аскаров бул окуя болгон кезде үйдө уктап жаткан экен го?

Чынара Бечелова: (Ошол жерде) болгон, милийсалар айтып жатпайбы. Ал тургай, машина менен жүргөн. Анын жанындагы жети адам (ред. Аскаров менен кошо соттолуп жаткандар) да Аскаров да болгон деп айтып жатышат. Бул окуя болгондо, Аскаров дароо (укук коргоочу) Азиза Абдрасуловага телефон чалып, ушундай болуп атат, жапа тарткандар бар деп айтыптыр.

"Азаттык:" Абдрасуловага чалып, милицияны өлтүргөнү жатабыз деп айтыптырбы?

Чынара Бечелова:
Өлтүргөнгө буйрук бериптир.

"Азаттык:" Райондук соттун жүрүшүндө, Аскаровдун күбөлөрүн жолотушкан жок, адвокаттарын жулмалап, коркутушту. Ушундай шартта акыйкаттык болот деп ойлойсузбу?

Чынара Бечелова: Аскаровдун аялы Өзбекстанга качып кетиптир, баары бир аялы күбө боло албайт экен. Башка эч ким Аскаров бул кезде үйдө болчу деп күбө болгон жок.

"Азаттык:" Күбөлөр коркконунан келген эмес, муну билесиз да?

Чынара Бечелова: Кимден коркот? Ал жерде эч ким коркуткан жок. Болгону, адвокаттар акчаны алып алышып, көрбөгөн нерсени деле көргөн кылып сүйлөй берсе, (күйөөмдү) ушунча кыйнап өлтүргөндөн кийин, отуруп алып, жиниң келип, сүйлөйт экенсиң, баягыларгачы (айыпталгандарга). Далилдери менен келип атат, күбөлөр турат, 15 милиционер.

"Азаттык:" Чынара, ошол турган милиционерлердин мурдагы кесиптештери түрмөдө аялды зордуктап, ал аял түрмөдө төрөгөн. Аскаров ушундай кишилерди куткарып келген. Бул тууралуу билесизби?

Чынара Бечелова: Андай болгон эмес... Эми, Аскаровчу, дайыма кичине тополоң болгондо эле чуу салып, бир кыргыз менен бир өзбек жөнөкөй эле урушуп кетсе деле, «бул эмне, улуттук коогалаңга чакырыкпы?» депчи. Ошого окшогон нерселерди кылып жүргөн адам.

Маркум Мыктыбек Сулаймановго сентябрда Эл баатыры наамын берүү сунушталган. Жалал-Абадда ага эстелик тургузулду.

«Кылым шамы» уюмунун маалыматы боюнча, Сулаймановдун өлүмүнөн кийинки тополоңдо Базар-Коргон айлында 13 өзбек өлтүрүлгөн, 45 чактысы жараат алган, 205 үй өрттөлгөн. Бул иштер боюнча бир да сот процесси боло элек.

Атагы алыска кетти

Азимжан Аскаровду колдогон ирландиялык журналисттер, 2010

Бишкектеги сотко бир катар өлкөлөрдүн элчилери жакындан көз салышууда. Белгилүү эл аралык уюмдардын бири Азимжан Аскаровго саясий айыпкер катары сыйлык тапшырууну пландап жаткандыгы айтылууда.

Дүйнөдө өмүрүнө коркунуч келген 10 укук коргоочунун катарында Азимжан Аскаровду коргоо өнөктүгүнө жакында Фронтлайн эл аралык укук кору кошулду (сүрөттө). Бул кара тизмеде Кыргызстандан тышкары Кытай, Орусия (Наталя Эстемирова), Гондурас, Иран, Батыш Сахара, Бурунди, Колумбия, Конго бар.

Ал эми океандын ар жагында Аскаровдун жардамы менен үй-бүлөсүн качырган өзбекстандык журналист Гафуржан Юлдашев анын тагдырына кабатырланып отурган чак:

- Ал кийин кызымды күйөө балам менен кошо Канадага алып кетүүгө да жардам берди, андан бери (дагы) эки неберелүү болдум. Мен ошондо Азимжанды Торонтого чакыргам. Келем деген... Бирок Ал жыланга да кол көтөрө турган киши эмес. Анын үстүнө, кыргыз эли, Азизалар (укук коргоочу Азиза Абдрасулова) бизге көп жардам берди. Мен Бишкекте эки жылдай жашап калбадымбы. Кетээрде белекке сүрөт, камчы беришкен, экөө тең азыр да мына үйдө илинип турат.

СОҢУ

Азимжан Аскаров боюнча соңку маекти бул жерден окуңуз.

Имам Рашод Камалов райондук сотто акталып бошотулду: маек

Имам Рашод Кары Камалов. Кара-Суу жамы мечити. 2010-жылдын 23-июлу.

Оштогу Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камаловго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 3-февралда Свердлов райондук сотунда жыйынтыкталды. Натыйжада ал толугу менен акталып, сот залынан бошотулду.

Камалов мырзаны быйыл 18-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери “Манас” эл аралык аба майданында кармап, Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык “көз бойомочулук кылган” деп шектелип жатканын билдирген. Шаардык милиция тараткан билдирүүгө ылайык, Камалов өзбекстандык эки жарандан Сауд Арапстанга виза ачып берем деп ар биринен 6300 доллардан алган деген доого кабылган. Рашод Камалов мындай айыптар негизсиз экенин сот жарайаны тастыктаганын 3-февралда “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Сот коюлган айыпты четке какты

Рашод Камалов
: Билесизби, "көз бойомочулук" кылган деген бул жалган болуп чыкты. Менде андай иштер болгон эмес.

Тергөө маалында менин жумушум боюнча, мечиттеги иштерим боюнча көбүрөөк суроо болду.

Бирок мына кечээ сот болуп, ал жерде мага коюлган айыптар тастыкталбаганы үчүн мен акыры бошотулдум.

“Азаттык”: Сизди ажылык учурунда Өзбекстандын эки жаранына “виза ачып берем” деп 6300 доллардан алган деп айыпташкан эле. Сиз ажылык иштерине аралашкан белеңиз?

Рашод Камалов: Жок, андай иш болгон эмес. Бул атайын бир диний аалымдардын кадырын кетирүү максатында бир доо арыздар атайлап жасалган, уюшулган окшойт.

Бирок, Кудайга тобо, мына мени урматтап-сыйлаган эл-журт бар экен. Үй-бүлөмдөн ар дайым сурап тынчсызданып, мына бошонгондо кубанып тосуп алышты.

Бул атайын бир уюшулган иш экен, кудайга шүгүр, азыр баары артта калды.

“Азаттык”: Демек, соттук териштирүүдө толук акталып чыктыңыз. Бул тууралуу өз оозуңуздан уксак...

Рашод Камалов: Ооба, бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ишим каралып, күндүзгү саат 11-12 ортосунда “мени күнөөсү жок, акталды” деген бүтүм чыгарып, койо берип коюшту.

Имамдын абактагы акыбалы кандай болду?

“Азаттык”: Сиз камакта болгондо сизге кандай мамиле кылышты?

Рашод Камалов: Эми мен муну айтпасам деле бүткүл дүйнө коомчулугу бизде түрмөгө түшкөн адамдарга тартип коргоо орган кызматкерлери кандай мамиле кылаарын ансыз да билет.

Ошондуктан менин өзүмө кандай мамиле жасалганын айтпай эле койоюн. Анткени мен мечиттин имамы катары бир ишке ашыра турган бир пландарым, ниеттерим бар. Өзүм жашаган жердеги адамдарга, жаш балдарга исламды үйрөтүп, динди туура кабылдоого окутушум керек.

Ошол ишиме тоскоолдук болбош үчүн башымдан өткөндөрүмдү айтпай эле койсом жакшы деп ойлойм.

Ош менен Жалал-Абаддагы өз ара элдешүү жараянына молдолордун катышы

“Азаттык”:
Оштогу, Жалал-Абаддагы былтыркы июндагы окуялардан кийин кыргыздар менен өзбектерди ынтымакка чакырууда диниятчылардын ролу өзгөчө болуп жатат дешет. Сиз өзүңүз мечиттин имамы катары элдерди ынтымакка чакырууда кандай иштерди жасап жатасыз?

Рашод Камалов: Биз буга чейин да мамлекет башчыларына, жетекчилерге айтып келатабыз. Түштүктө ортосун ушундай коогалуу окуялар аралаган эки элди ынтымакка, биримдикке чакырууда, элдештирүүдө бир гана исламдын сөзү өтөт деп. Сунуш кылып да келатабыз.

Бирок азыркы бийликтегилер кандайдыр бир кыянат иш болсо, ушуну мусулмандар кылды деп күнөөлөп, аларга каршы күрөшкө бир грант, чет элдик акчаларды алуу максатын коюп алгандай.

Мен жакында Жалал-Абадга, Ошко Курман айттын алдында даваатка барып келдим, кыргыз-өзбектердин арасында болуп келдим. Кудаага шүгүр, мусулмандар ичинде бир-бирине жамандык тилеген ой жок.

Бирок бийлик “мунун артында экстремисттер, имам-молдолор, террористтер жасап жатышат” деп, мунун айынан чоң грант алганга аракет кылып жатканы көрүнүп турат.

Түштүктө мусулмандардын арасында террорчулар барбы?

“Азаттык”: Түштүктө ислам динин жамынган экстремисттик маанайдагы топтор бар экени айтылууда. Аларга каршы сиздер, диниятчылар, кандай аракет көрүп жатасыздар?

Рашод Камалов: "Террорчу" деп жалпы элге карасанатайлык кылып, жаман иштерди жасагандарды атайт. Менин аларга карата жеке оюм – буларды уюштурулган аракет деп билем.

Теракттар Пакистандабы, Америкадабы, айтор, кайерде болбосун, өкмөттөн бир нерсени талап кылгандардын аракети деп ойлойм. Кыргызстанда бийликтен эмнени талап кыла аласың?

Мен азырга чейин Кыргызстанда кайсыл бир террорчулар бийликтен конкреттүү нерсени тилеп, же “мусулмандарга каршы мындай аракеттерди жасап атасыңар, ошон үчүн теракт жасап жатабыз” дегенин уга элекмин.

Ошон үчүн Кыргызстанда террорчулар бар дегенге мен ишенбейм.

Былтыркы коогалаңга имамдардын болжолдуу тийешеси

“Азаттык”:
Түштүктөгү коогалаңда айрым мечиттердин имамдары да аралашып кеткени айтылып жүрөт. Ал имамдарга карата пикириңиз кандай?

Рашод Камалов: Мен буга кошулбайм. Мечиттин имамы андай ишке барбайт. Бирок мен тигил же бул адам аны кылган эмес, ал жакшы адам деп толук ишеним менен айта албайм – ар бир адамдын ичинде эмне бар экенин бир Кудай билет.

Албетте мусулмандардын ичинде жакшысы да, жаманы да бар. Бирок чыныгы мусулман адам, ислам дининде жүргөн адам бирөөнүн канын төккөнгө катышпайт.

Ошол эле учурда башка бирөөгө кордук жасалып жатканын көргөн мусулман ага жардам бербесе, Кудай алдыда өзү жардамсыз калат. Куранды билген, ыйман келтирген чыныгы мусулман өзбекпи, кыргызбы, тууганыбы, чоочун кишиби анын каны төгүлүшүнө чакырбайт.

“Азан чакырылыптыр” деп уктум. Мен аларды террорчулар, же адамды өлтүргөнгө чакыргандар деп атабайм. Мен аларды уктап жаткан элди ойготуп, “үйлөр өрттөнүп жатат, коркунуч бар” деген максатта азан чакырган жакшы адамдар деп ойлойм.

Имамдык ишмердүүлүк

“Азаттык”: Эми сиз мындан ары эмне иш менен алек болосуз?

Рашод Камалов: Мен (Кара-Суу шаарындагы) борбордук мечиттин башкы имамы катары негизги ишимди - элге Кудайдын динин, ислам динин жайылтууда бар аракеттеримди уланта берем.

“Азаттык”: Кара-Сууда кыргыздар менен өзбектер ортосундагы мамиле азыр кандай жана кооптондура турган кандай жагдайлар бар?

Рашод Камалов: Кудайга шүгүр, Кара-Сууда өзбекпи-кыргызбы бирдей жакшы жашап келатабыз. Бири-бирибизге кыз беришип, кыз алышып, ынтымакта жашап жатабыз.

Бирок, тилекке каршы, Ошто (былтыр) андай окуялар болду. Анын жарасы адамдардын жүрөгүндө баары бир калат.

Ал адамдардын жүрөгүнө азыр дары керек, эки улуттун ортосундагы дартты айыктырууда азыр исламдан башка дабааны көрбөй турам.

Жакындары шейит болгондорго, там-жайы өрттөнүп кеткендерге кыямат кайымда Алла өзү кам көрөт, мээримин төгөт деген ойду жеткириш керек.

Карапайым эл менен көп сүйлөшөм.

Кыргызыбы, өзбегиби – баары эле "бул окуя, тилекке каршы, саясий күчтөрдүн таасири астында болуп кетти. Эми мындай окуя башка болбойт" деген ойду айтышат.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн ыракмат.

Жоголгон куралдар боюнча тергөө жүрүүдө

Коргоо министрлигинин Токмоктогу аскердик бөлүгүндө курал-жарактардын жоголушуна байланыштуу Бишкек аскер прокуратурасы бардык гарнизондорду текшере баштайт. Бул тууралуу Бишкек гарнизондук аскер прокурору Айбек Турганбаев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Айбек Турганбаевдин айтымында, бул окуя боюнча дыкаат тергөө жүрүп жатат.

31-январда Токмоктогу аскердик бөлүктү текшерүү учурунда аскерий техникалык мүлктү сактоо кампасында жардыргыч заттарга тишелүү 245 даана капсул-детонатор, 85 даана электр детонатор жана жардыргыч заттарга тиешелүү зымдар жок болуп чыккан.

- Коргоо министрлиги тарабынан атайын билдирүү жөнөтүлгөн. Анда аскерий техникалык кампада айрым бир ок-дарылардын жок болгонуна байланыштуу иликтөө жүргүзүүнү суранышкан. Бул боюнча дароо Бишкек гарнизондук прокуроруна тапшырма берилген.

Ошол эле күнү аскер прокуратуранын Сагын Мукашев жана башка кызматкерлери бириккен тергөө тобу окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүшкөн. Кароонун натыйжасында аскерий техникалык мүлктү сактоо кампасында айрым ок-дармектер жок болгону анык болгон. Мунун ичинде аскер термининде 245 даана капсул-детонатор, 85 даана электр детонатор жана жардыргыч заттарга тиешелүү зымдар жок болуп чыккан.

Ошол эле күнү, 31-январда Кыргызстандын Жаза кодексинин 244-беренеси (куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды сактоо боюнча милдетин талаптагыдай аткарбоо), 245-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

- Азыр тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледиңиз. Алдын ала божомолдорду айтса болобу, кантип жоголду, кандай шартта?

- Бүгүнкү күндө кылмыштын бети ачыла элек. Бирок тергөө тарабынан ар кандай божомолдор түзүлгөн. Ошол божомолдор менен иштер жүрүп жатат. Айрым шектүү кызматкерлер бар. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азыр алдын ала айтуу туура эмес деп ойлойм.

Биринчиден, жардыргыч заттарга тиешелүү жоголгон заттар боюнча ар кандай божомолдор иштелип атат. Ошонун бири, мисалы, ошол жердеги аскер кызматкерлеринин тиешеси барбы, же жокпу деген маселе текшерилип атат.

Экинчиден, сырттан келип уурдоо уюштурулган жокпу, ал текшерилип жатат. Мындан сырткары ошол жердеги аскер куралдуу күчтөрүнүн башчыларынын кыймыл аракетинде же кыймылында шалаакылык барбы, же жокпу деген маселе да текшерилет.

Тергөө учурунда бардык кыймыл-аракеттерге, кыймылсыздыкка да укуктук баа берилет. Мындан сырткары аскерий техникалык мүлктү сактоочу кампада аскердик бөлүкчө кайтарууга алынганбы, багытталганбы жана ошол кызматтын иш алып баруусу да толук камтылып, текшерилет.

- Жоголгон куралдардын күчү канчалык?

- Уурдалып кеткен ок-дарылар жардыргыч зат болмоюн эч кандай күчү жок. Ага бир гана жардыргыч зат кошулуш керек жана жардыргыч затты иштетүүгө, жардырууга кошумчаланган заттар.

- Буга чейин өлкөдө бир топ жардыруулар орун алды, жардыруу аракети болду. Ошол себептүү да бул жоголгон заттар кимдин колуна түшүп калышы мүмкүн деген божомолдор каралып жатабы?

- Бул албетте каралат. Азыр президент Роза Отунбаева терроризмге каршы багытталган күрөштү чамдоо жөнүндө көрсөтмө берип жатпайбы. Жакында эле Спорт имаратынын жанында жана башка жерлерде жардыруу болду. Бирок ал жардыргыч заттардын бардыгы өз алдынча жасалган, аскер кампаларынан уурдалган эмес. Себеби биз жакын арада эле аскер кампаларды, ок-заттар, куралдар кайтарыла тургандардын баарын текшерип, ал жерде жетишпестик аныкталган эмес.

Азыркы божомолго салсак балким бул сыртта бирөөлөргө сатып жибериши да мүмкүн. Экинчиден, Токмоктун тегерегинде майда-чүйдө көлмөлөр көп, балык уулоого да керек болуп калат. Бирок биз муну менен өзүбүздү жооткоткубуз келбейт, биз радикалдык күчтөрдүн, экстремисттер, террористтердин колуна түшпөсүн деген багыттар менен иштерди жүргүзүп жатабыз.

- Мына ушул радикалдык күчтөрдүн, экстремисттер, террористтердин колуна түшүп калышы мүмкүн деген да божомолдор барбы?

- Божомолдор бар, болбой койбойт. Бул боюнча Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги тарабынан да ыкчам топ түзүлүп, иштерди жүргүзүп жатат. Козголгон кылмыш иши боюнча ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге мен кат жазып бердим. Катта биздин тергөө тобубузга ыкчам кызматкерлердин коштоосун сурандык. Алар да кылмыштын бетин ачууга, тегеректеги айрым издөөдө жүргөн жарандарга керек болуп калганбы, аракеттер ошолор боюнча чамдап иштөөгө багытталууда.

- Эмнеге президент Роза Отунбаева Токмоктогу аскер бөлүгүнө барып келгенден кийин куралдар жоголуп атат деген да суроолор бар?

- Бул жумурткадан кыр издегендей эле маселе. Муну байланыштыруунун эч кажети жок. Тергөөнүн жүрүшүндө бул качан жоголгону аныкталат.

- Жоголгон куралдарды сатып жибериши мүмкүн деген да божомолдор болуп аткан экен. Бул ушунчалык кымбат баа турабы?

- Мен тергөөнүн көп сырлары бар дедим. Аны тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу ачык жарыялап айта албайбыз.

- Сиз башында текшерүүлөрдө куралдардын жетишпестиги аныкталды деп айттыңыз. Бул пландуу текшерүү беле же сиздерге кандайдыр бир кабар келгенден кийин анан текшере баштадыңыздарбы?

- Жок, бизге маалымат түшкөн эмес. Акыркы мезгилде куралдын, ок-дарылардын жана башка заттардын, алардын кайтарылуусу пландык текшерүүгө кирген. Мурда мындай текшерилип көрбөптүр. Ушул жылдан баштап текшере баштадык. Токмокто болгон окуяга байланыштуу биз көрсөтмө даярдап жатабыз, бир гана кампаларды текшербестен, анын тегерегиндеги иш алып баруусу, уюштуруу иштерин толугу менен текшерели деп жатабыз. Текшерүү республикадагы бардык, Ош, Баткен, Балыкчы гарнизондорунда болот.

Бекназаров коалициялык өкмөттү сындап чыкты

Азимбек Бекназаров

3-февралда саясий ишмер Азимбек Бекназаров "коалициялык өкмөт Кыргызстандагы бардык бийлик бутактарын өз ара бөлүшүп алды" деп сындап чыкты.

Бекназаров мунун арты калктын нааразылыгын күчөтүп, чоң толкундоолорго алып келерин эскертти. Коалиция мүчөлөрү бул билдирүүгө карата пикирин билдирип, толкундоолорго жүйөө жок экенин айтууда.

Бекназаров эмнеге нааразы?

Техникалык өкмөттө вице-премьерликти аркалап келген Азимбек Бекназаров учурда “Ата Журт”, КСДП жана “Республика” партиялары Кыргызстандагы дээрлик бардык "майлуу" кызматтарга өз кишилерин дайындап жатат деп доомат койду. Ал өз сөздөрүн бир катар мисалдар менен бышыктады:

Коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү парламенттеги ант берүү аземинде
- "Ата Журтка" “Фомс”, Ош шаары, Ысык-Көл жана Баткен облустары, "Телеком", "Айыл банк", Кара-Кече, “Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Тамеки” жана “Темир” мамлекеттик ишканалары, "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" тийип жатат. СДПга тийип жатат: ЭлТР, "Слово Кыргызстана", “Дастан”, “Кыргызгаз”, “Кыргыз Алтын”, Нарын жана Ош облустары менен бирге Бишкек шаары. Бул эмне деген нерсе? Ушундай эле сотторду да өздөрүнө бөлүп ала баштады. Бишкек шаарынын соту кимге тийип жатат? Жалал-Абад облустук соту кимге тийип жатат?


Бекназаров эгер кызматтарды ушинтип өз ара бөлүштүрүү улана берсе, элдин нааразылыгын күчөтөт деп эсептейт:

- Бүгүн мамлекеттин башчысы Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана спикер Ахматбек Келдибековго бир ай мурда айткан сөзүмдү дагы кайталайм. Токтотсун бул процессти, токтотулсун. Токтотулбаса жакшы нерсеге алып келбейт. Бүткүл Кыргызстан боюнча толкун мына ушундан башталганы турат.

“Коалициянын жаратылышы ушундай экен”

Коалициялык өкмөттү түзгөн премьер-министр Өмүрбек Бабанов 3-февралдагы басма сөз жыйынында Бекназаровдун сын пикири боюнча “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, анын сөздөрүн жүйөөсүз деп четке какты. Анын айтымында, бийликтин бөлүнүшү парламенттик башкаруунун табигатына ылайык эле ишке ашууда:

Өмүрбек Бабанов
- Мунун өзүнүн, коалициянын жаратылышы ушундай экен да. Себеби бир партия Жогорку Кеңеште көпчүлүктү албаса, ошонун негизинде үч партия келишти. Бул дүйнөлүк практика. Айтып коеюн, келишимдин негизинде ар бир партия жоопкерчиликти алат, министрликтердин. Ошолордун өкүлдөрү келип иштейт. Бул Кыргызстанда эч нерсе ойлонуп чыккан жок. Бул парламенттик башкаруу формасынын негизги түбү.

Бир катар серепчилер Бекназаровдун толкундоолорго алып келет деген оюн талдоого алып жатышат. Маселен, бишкектик талдоочу Марс Сариев азыркы кырдаалда элдик толкундоолорго себеп быша элек деп эсептейт:

- Египетте көрүп жатат эмне болгонун. Анан өзүбүздүн да башыбыздан өттү, эки революция. Эл деле толкундоолорду каалабайт. Чыкпайт деле. Бирок бийликке илинбей калгандар, бөлүмдөрдө жетпей калган кландар элди түртөт. Мына Нарын жактан, Ысык-Көл жактан “эмне үчүн бийликте биздин өкүлдөр жок” деп жаткандар бар. Бекназаров да чыгып жатат. Ушундай чоң-чоң уюмдардын, кландардын өкүлдөрү, бийликке жетпей калгандар акыбалды бузуп башташат да.

Азыркы кырдаалды байкоого алгандар ар жерде майда нааразылык кыймылдары былтыркы апрелдегидей бийликке каршы чоң толкундоолорго алып келиши дээрлик мүмкүн эмес деп эсептешет. Мисал катары эгер коалициялык өкмөт элге берген убадаларын аткара албаса, парламент тарабынан таркатуу жолдору бар экенин айтып жатышат. Ал ортодо вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бюджетти аткара албаса, коалициялык өкмөт токтосуз кызматтан кетүүгө даяр экенин 3-февралда жар салды.

Хрущевге комуз чертип берген кыргыз деңизчи

“Шырылдаң” берүүсүнүн бүгүнкү мейманы - экономика илимдеринин кандидаты, Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагулов.

Ал комузда кол ойнотуп, бош убактысында жорго таптап, фотоаппараты менен Кыргызстандын кооз жаратылышын сүрөткө түшүрдү.

Жашы 70ке чукулдап калганда ирландиялыктардын стэп бийин биринчи болуп кыргызча ыргакка салып, өзүнчө бий кыймылын түзүп чыкты.

Никита Хрущевди комуз менен таң калтырган кыргыз деңизчиси

Атактуу комузчу Атай Огонбаевдин "Маш ботойун" экономика илимдеринин кандидаты, Чүй облусунун губернаторунун кеңешчиси Аскар Жумагулов комузда кол ойнотуп, шартылдатып эргип чертип жатты.

Ал 1957-жылы кесиптик техникалык окуу жайда окуп жүрүп филармониядагы чоң комузчулардын бири Бейшеналы Кулмендеевден таалим алып, он чакты күү үйрөнөт.

1962-жыл
Кийин Калининградда Балтика деңиз флотунда кызмат өтөп жүрүп спорттук ийримге жана өздүк көркөм чыгармачылыгына катышат.

Алар кызмат кылган аскерий кемеге ошол кездеги Коммунисттик партиянын биринчи катчысы Никита Сергеевич Хрущев келгенде концерт берип, комуз чертет.

- 1962-жылы 22-февралда биздин кемеге ошол кездеги мамлекетибиздин башчысы Никита Сергеевич Хрущев, СССРдин коргоо министри, маршал Малиновский келди. Гречко анан деңиз флотунун командачысы, адмирал Сергей Горшков келип, биз менен кол кармашып көрүшүп, анан биз концерт бергенбиз. Мен комузумду ала бардым эле. Ошондо Хрущевге, Малиновскийге “Маш ботойду”, “Көйрөң күү”, “Кара өзгөйдү” чертип концерт бергенбиз. Мамлекет башчысы баш болгон жогорку даражалуу адамдар экинчи катарда отурушту. Мен көрүп эле турдум. Мени карашып, бири-бирине бирдеме деп шыбырашып таң калып күлүп коюшат. Оо, андан бери 50 жыл өттү. Бирок ошонун баары эсте калат экен.

Аскер кызматынан I рангадагы капитан чинин алып, кийин Каржы министрлигинде, Фрунзе шаардык партия комитетинде, Чүй облустук администрациясында жогорку кызматтарда иштеп, республиканын туризм тармагын жетектеп турганда дагы бош боло калганда комузда кол ойнотуп черин жазып алат экен.

Комузчу, бийчи, фото-сүрөтчү

"Өзгөчө "Айдыралынын көйрөң күүсү" эргип черткен күүлөрүмдүн бири",-дейт Аскар аксакал.



Ал Балтика деңиз флотунда Орто Азия жана Казакстан өкүлдөрүнөн кызмат кылгандардан жалгыз өздүк көркөм чыгармачылыгынын бий ийриминде зор ийгиликтерге жетишип, биринчи даражадагы диплом менен сыйланат.

Бий ийриминен ар кыл улуттун жана матрос бийин үйрөнүп мыкты аткаруучулугун көрсөтөт.

Кыргыздын стэп бийин түзүүчү

Мына ошол жаш кездеги үйрөнгөн бийин кайрадан эстеп, ирландиялыктардын стэп деген бийин кыргызча музыканын коштоосунда улуттук мүнөздөгү бойок кошуп, биринчилерден болуп иштеп чыкты.

- Эки жыл мурда телевизордон Ирландиянын FIREDANCE деген стэп бий ансамблинин бийлерин бир жума жарнама катарында көрсөтүп турушпадыбы. Ошону карап отурсам, бийлеген бийлери, көнүгүүлөрү, сахнага чыккандагысы 60-жылдары Калининградда бийлеп жүргөндөгүгө абдан окшош экен. Ошонун баарын көрдүм. Анан “Культура” деген программадан Сергей Моисеев жөнүндөгү берүүнү, анын койгон бийлерин бир жума бою толук көрдүм. Анан ошондо матрос бийи “Яблочка” дегенди бийлешти. Баягы биз бийдеп жүргөндөгү бийге кудум окшош экен. Анан ой келди “муну кыргыз жаштарына үйрөтүп, кыргызча стэпти түзүүгө эмне үчүн болбосун?” деп. Мурдагы бийлеп жүргөндөгү кыймылдарды эстесем унутпаптырмын. Бардыгын кайра эстеп чыгып өзүмчө бийдин нотасын түздүм. Анан драма театрларга, жогорку окуу жайларына барып бий тобун түзөйүн деген аракетимден майнап чыкпай койду. Азыркы студенттердин жоопкерчилиги жок, жалкоо болуп кетишкенине кейидим.

Аскар Жумагуловдун кыргыздын стэп деген бийин түзүү демилгесин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси, профессор Тенти Мураталиев колдоого алып, эки жыл мурда аталган окуу жайдын алдында 6 кыз, 6 уландан турган "Сары-Өзөн-степ" деген бий ансамблин түзөт.



Бут кийиминин тамандарына темир така кадап алышкан уландар менен жаш кыздар жерди тарсылдатып, шайдоот кыймылдап Шекербек Шеркуловдун "Эргиме" деген күүсүнүн коштоосунда бий «атасын» таанытып, бир нече концерттерге катышты. Алар ирландыктардын улуттук бийине айланган стэп деген бийге кыргызга мүнөздүү салттык кыймылдарды кошуп, баштарына ак калпак кийип такаларын-тарсылдатып, азоо аргымак минип жүрүшкөндөй элес калтырат.

Аскар Жумагулов ирландыктардын стэп деген бийин кыргыздын улуттук бийинин бири катары калтырууга аракет кылып, казактардын белгилүү өнөрпозу Курмангазынын бир күүсүнө да казакча стэп бийин чыгарганын кошумчалады.

Анын дагы бир өзгөчөлүгү - колуна фотоаппарат алып алып, жылдын кайсы мезгилинде болбосун кыргыздын жаратылышын сүрөткө түшүргөндү абдан мыкты өздөштүрүп алган.

Ал Суусамырда, Чүй, Ысык-Көл өрөөнүндө тарткан укмуштуудай кооз жаратылыштардан турган эки жүзгө чукул чыгармаларынын сүрөт көргөзмөсү өткөн жылдын соңунда Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде коюлду.

Кара-Балта жоргосу дайыма токулуу

Аскар Жумагуловдун дагы бир ышкысы - жорго таптоо. Бош убактысы боло калса Кара-Балта деген жоргосунун жанынан чыкпайт. Аны минип алып туулуп-өскөн Байтик айылынын талаа-түзүн түрө кыдырып, жетимишке чыгып калса да жорго салып, ээрге жигиттерден мыкты отуруп, ат жалында эс алганды жакшы көрөт.

Биздин каарман Аскар Жумагулов 1941-жылы 5-мартта Чүй облусунун, Аламүдүн районундагы Байтик айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумагул Ата мекендик согушка кетип, 1943-жылы майданда каза болот.

Өзү айткандай, согуштун балдары балалыктын байоолугун сезбей, кабыргасы ката электе соко айдап, машак терип, турмушка эрте аралашып, бышык өскөн.

Жаштайынан мээнеткеч Аскар Жумагулов да "жетим өз киндигин өзү кесет" дегендей бала кезинен айылдын чарбалык иштеринде иштеп, бой жетип Калининградда Балтика деңиз флотунда аскердик кызмат өтөйт. Воллейбол боюнча спорттун чебери, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, Москвадан КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер Академиясын бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын 3-классттагы кеңешчиси. Чүй облусунун губернаторунун кеңешчиси жана облустун эмгек, согуш ардагерлеринин төрагасы.

Июнь коогасында жабыркаган балдардын жагдайы кандай?

Оштун балдары, 2010-жылдын сентябры.

“Азаттыктын” бул жолку талкуусунда июнь коогалаңында жабыркаган балдар жана алардын азыркы жагдайы тууралуу кеп болду.

Талкууга Жогорку Кеңештин адам укуктары комитетинин мүчөсү, депутат Шарапаткан Мажитова, эл аралык иликтөөлөр институтундагы долбоордун координатору Гүлзат Шамсуддин, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы балдарды коргоо боюнча департаменттин башкы адиси Жаңыл Сукенбаева жана Оштогу Рудаки атындагы мектептин директору Манзура Асланова катышты.

Канча бала жабыркаган?
Зиядулло Журабаев

«Азаттык»: Адегенде Ош окуясында ок тийген 15 жаштагы Зиядулло Журабаевдин тагдырына токтололу. Анын денесинде калган автоматтын огу өткөн жумада алынды. Ага операция жасаган саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабековдун билдиргенине караганда, операция ийгиликтүү өткөн экен. Өспүрүмдүн ал-акыбалы тууралуу кабарчыбыз Рахат Кеңешова Зиядуллонун апасы Одина менен баарлашкан эле, адегенде ошону угуп анан талкуубузду улантсак.

Одина: Азыр жакшы, аракет кылып таяк менен эшике өзү чыкты. Бирок бары бир коркуп турабыз. Ооруканада дагы беш күн ийне алат экен, андан кийин карап жибин алабыз дешти. Балам жакшы болгондон кийин өзүм да жакшымын.

«Азаттык»: Баланын апасынын айтканына караганда, Зиядулло сакайып жакшы болуп калган экен. Тилекке каршы июнь окуясында жабыркаган жалгыз Зиядулла эмес, беш жаштагы Мухабат Кадырова деген кызыбыз ушул күнгө чейин саламаттыгы толук чыңдалбай, Воронцовкадагы калыбына келтирүү борборунда жатат. Ошто “Үй-бүлө” деп аталган коомдук уюм 2121 үй-бүлөгө иликтөө жүргүзгөн экен. Аларда жабыркаган 5057 бала бар деген тыянакка келиптир. Бул көз карандысыз иликтөө болуп жатат. Ош, Жалал-Абад облустарындагы жаңжал чыккан аймактарда жабыркаган балдардын расмий эсеби барбы?

Жаңыл Сукенбаева: Ушул окуялардан кийин биз Балдарды коргоо департаменти ЮНИСЕФ уюму менен тыгыз байланышта иштеп, канча бала жабыр тарткан, канча үй-бүлөдөгү балдар муктаж экендигин тактоо маалыматтарын жүргүзөбүз деген иш чара түзүлгөн. Ошолордун негизинде азыр бул иш чара толук бүттү деп айта албайм. Себеби жер-жерлердеги үй-бүлөнү, балдарды коргоо бөлүмдөрү ушул боюнча дагы деле иштеп жатат, алар менен бирге юристтер иштеп жатат. Булардын жабыркоо акыбалдары ар кандай юридикалык статуста болот экен. Ошондуктан ЮНИСЕФ штаттык тартипте юристтерди жана башка адистерди кошумчалап берген, ошолордун бардыгы ушул боюнча иштеп атат. Азырынча толук маалымат бизге бериле элек.

«Азаттык»: Мисалы бейөкмөт уюм тараткандай сандарды азыр сиздер атай албайсыздарбы?
Жаңыл Сукенбаева: Бизде азырынча толук жок болуп атат, бирин-экин бар, толуктай элекпиз.

«Азаттык»: Манзура айым, айтсаңыз, жаңжалдарды көргөн, жабыркаган балдар сиздин мектепте көппү, азбы? Алардын бүгүнкү жагдайы кантип атат?

Манзура Асланова: Жалпысынан алганда бардык эле балдар жабыркаган деп эсептесек болот. Анткени бардык эле үй-бүлөдө балдар качкан, бекинген, ар түрдү имиш сөздөрдү уккан. Ошондон эле балдарга стресс, травма кеткен. Биздин мектепте эң оор писхикалык запкы көргөн балдарга психологдор 2-3-даражадагы травма койгон. Алар акыркы этапка катышып, Ысык-Көлгө барып келишти. Июнь окуяларынан кийин 1-июлдан баштап биздин мектепте коопсуздук аянтча ачылган. Бул Кыргызстандагы изилдөө институту долбоору жана Швейцария бюросунун колдоосу менен ачылган. Үч жолу 60 баладан 180 бала реабилитациядан өткөн, бул мектептин базасында болгон июль айында.

«Азаттык»: Мисалы сиздер, балдарга мектеп окуучуларына июнь окуясынын себептерин кантип түшүндүрөсүздөр, кантип жеткиресиздер. Алар бала да.

Манзура Асланова: Бизде балдарга июнь окуяларынын себебин түшүндүрүү максат болгон эмес. Биз балдардын абалын жакшыртууну максат койгонбуз. Анализ, июнь окуялары тууралуу балдар менен сүйлөшкөнүбүз жок.

«Азаттык»: Сиз жетектеген мектепте жабыркаган балдар көппү?

Манзура Асланова: Ооба, 50дөн ашык бала бар.

«Азаттык»: Ысык-Көлгө барып келген балдардын көпчүлүгү сиздин мектептен окшойт?

Манзура Асланова: Жок, акыркы жолу Ош шаарынан 12-13 бала барды, калганынын бардыгы Кара-Суу району, Ош облусу боюнча балдар барышты, Фуркат, Мады жактан.

«Азаттык»: Ошол Мады, Фуркат, Кара-Суу райондору эң эле жаңжалга көбүрөк кабылган аймак болуп эсептелет да?

Манзура Асланова: Ооба.

«Азаттык»: Гүлзат, сиздер Ысык-Көлгө 72 баланы алып барып келген экенсиздер. Жалпы эсеп барбы, сиздер кандай мониторинг жүргүзөсүздөр, кандай эрежелердин негизинде тандайсыздар. Жабыр тарткан балдар 72 эле болбосо керек?

Гүлзат Шамсуддин: Албетте бул сан толук абалды ачык-айкын айта албайт. Себеби биз жайында иштей баштаганда чыр-чатак, жаңжал чыккан райондордон балдарды алганбыз эң башында. Долбоор башталганда биринчи айлампасында психологиялык жактан реабилитациялоодон 3 миң бала өткөн. Психологдор иштеп ар бир балага өзүнчө тест жүргүзүп, анын психологиялык жактан жабыркаган даражасын койгон. Ошонун натыйжасында 25 пайызы 3-4-даражада жабыркаган деген диагноз коюшкан. Ошондой балдарды күзгү жана кышкы айлампаларда алып келип аттык. Күзгү каникулда кээ бир балдарды издеп таппай калдык, биринчи чейрек учурунда алар жерин которуп кетишиптир. Мисалы кээ бирлери Орусияга, кээ бирлери Бишкекке көчүп кетиптир. Алардын тагдыры белгисиз. Ошол дагы бир көйгөй болуп атат.

«Азаттык»: Демек Ысык-Көлгө барган балдар денесинен эмес, психологиялык жактан оор жабыркаган балдар деп эсептелет экен да?

Гүлзат Шамсуддин: Албетте. Себеби психологиялык жактан жабыркаган көзгө көрүнбөгөн нерсе, баланын ички дүйнөсү эмне болуп атканы чоңдорго белгисиз, жүрөгү эмне болуп сыздап ооруп атканын эч кимибиз билбейбиз.

Улут аралык мамилелер боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

«Азаттык»: Сиздер жабыркаган балдар менен иштешип атасыңар, түштүк долбоорлорунун чегинде чечилбей турган маселелер деп сиз кайсыны эсептейсиз?

Гүлзат Шамсуддин: Долбоордун чегинде биз эмнени чече албайбыз? Эң биринчиден, жаңжал, чыр-чатак болгон райондордо бардык балдарды камтый албайбыз тилекке каршы. Себеби буга материалдык ресурс, адам ресурстары керек. Анан албетте мамлекет тараптан колдоо болуш керек.

«Азаттык»: Шарапаткан айым, айтсаңыз, мамлекеттик деңгээлде колдоо болуп жатабы?

Шарапаткан Мажитова: Бир айдан ашык убакыт иштөө мезгилинде июнь окуяларынан кийинки элдин абалын, айрыкча балдардын, аялдардын, ошондой эле кары-картаң адамдардын абалын иликтөө боюнча атайын комиссия түздүк. Бул комиссия адам укуктары комитетинин алдында түзүлдү. Аны мен жетектейм. Азыр ишти баштоодон мурда биз ар бир кагылыш болгон жерлерде изилдөөлөрдү тереңирээк жүргүзүшүбүш керек болуп атат. Ошонун негизинде биз ошол жерде атайын программа иштеп чыгып, чет өлкөлүк гранттарга жазып, акча сураганы атабыз. Парламентте дагы бул маселени коюп атабыз. Ал жерде биз улутка бөлбөшүбүз керек, кыргыз эли бирдиктүү элбиз, кыз алышып тууган болуп келгенбиз. Улут аралык ынтымакташтыкты, ырашкерчиликти бекемдөө максатында ушул комиссия өтө чоң иш алып барганы атабыз. Кудай буюрса жакын арада мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз, даяр болуп калды.

«Азаттык»: Кандай мыйзам?

Шарапаткан Мажитова: Улут аралык мамилелерди жөнгө салуу деген. Башкача айтканда, тереңдеп изилдеп туруп, орусча-кыргызча долбоорду жакында киргизебиз, азыр дагы толуктай турган толуктоолорубуз бар.

«Азаттык»: Балдар укуктарына байланышкан кандай жоболор болушу мүмкүн ал жерде?

Шарапаткан Мажитова: Балдар укуктарына байланышкан бир нече жоболор бар. Бул окуя капыстан болгондуктан балдар эмес, чоңдор түшүнбөй калды. Ошон үчүн ата-энеси балдарын болушунча эки жака алып качып, сактаганга аракет кылды. Ошон үчүн биз балдарга түшүндүрүү ишин жүргүзүү, Кыргызстандын жараны болгондон кийин, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого үйрөтүү аларды, ошондой эле ынтымакчылыкка, улутка бөлбөстөн паспортуна Кыргызстандын жараны деп жазууну сунуштап атабыз.

«Азаттык»: Манзура айым, Шарапаткан айым да айтып кетти, негизи эле кыргыз, өзбек деп бөлүнбөш керек, Кыргызстандын жарандары ынтымакта болуш керек деп, бул эми мындан аркы турукташуунун огожосу катары айтылып атат да. Ошол эле мезгилде буга чейин кыргыз, өзбек деп бөлүнүү жашап келген. Ал эми июнь окуясынан кийин сен кыргыз, мен өзбек деген сыяктуу бөлүнүшүү күчөп кетти деген сөздөрдү угуп атабыз. Бөлүнүшүү барбы, жокпу балдар арасында. Сиз канткен менен балдардын арасында иштеп жүрөсүз, биз барыбызга караганда балдарга жакынырааксыз.

Манзура Асланова: Ооба, туура айтып атасыз. Биз Көлгө барып келгенде жакшы натыйжа болду. Балдар бири-бири менен жакшы мамиледе болуп, бири-бирин туура түшүнүп, иглотерапия, акватерапия, арттерапия, драма, жомок терапия, ар түрдүү иш чараларды өткөрдүк, экскурсиялар болду. Арасында бир да чатак чыкканын көргөнүбүз жок. Балдар өсүп келаткан дарак да, аларда эч күнөө жок, андай нерсени алар билбейт деле. Ата-энелерге кайрылгым келет, балдарды ар кандай сөздөн сактайлы, этият бололу, үй-бүлөдө ар кандай сөздөр болушу мүмкүн, башка жерде, балдар аны угат да, аны дароо кабыл алып алат. Эң биринчи - балдарын ата-энелер сакташ керек, психикасын ойлош керек, андан кийин албетте мамлекеттин деңгээлинде чечилиш керек.

«Азаттык»: Реалдуу турмушта балдарга коомчулукта ата-энелер улутуна жараша мамиле жасаган учурларды байкаган жоксузбу?

Манзура Асланова: Жашоодо ар нерсе болот кээде, андай нерселер түшүнбөстүктөн чыгышы мүмкүн. Бирок менин айтаарым, Ысык-Көлгө балдар чоңдорсуз өзү барып келди, биз көрүп келдик, бири-бирине аябай жакшы мамиле жасашты.

«Азаттык»: Жаман өнөрдү үйрөнүп алып, келечекке алып кетпеш үчүн эмне кылыш керек?

Жаңыл Сукенбаева: Манзура айымдын сөзүнө кошулуп кетким келет. Себеби биз рабилитациялоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда так ушундай болгон, кандай улуттан балдар келбесин, ушул жерге келгенден кийин реабилитациялык, психологиялык жардам алгандан кийин эле унуткан сыяктуу болуп, жакшынакай маанайда эс алып кетишкен. Биз баштаган ушул ишти колдоп кете турган чоңдор жок, ата-энелер, педагогдор жокко эсе. Жогорку Кеңеш тарабынан дагы жакшынакай институт ачылганы аткан экен, ушуну дагы эске ала кетсе. Мисалы, бизде бул боюнча адистер жок экен. ЮНИСЕФ тарабынан Беслан, Чечня, Түштүк Осетия окуяларынан кийин реабилитация иштерине катышкан он адис келип, тез арада эле, ата-энелерден тез арада даярдалуучу адистер даярдап, Жалал-Абад, Ош облустарына барып иштеп келишти.

Гүлзат Шамсуддин: Сөзгө аралжы айтып кетсем, мисалы биздин психологдор иштегенде 700 усулдун арасынан 18 усул тандалып, Кыргызстандын улуттарына, ошого жакындатылып, ошол усулдар менен коопсуздук аянтчаларында балдар менен мугалимдер, психологдор иштешти. Балдардын категорияларын айтып кетсем, мисалы, үчүнчү айлампа өткөндөн кийин биздин психологдор бир тыянакка келип атат, алар менен бүгүн эле сүйлөшүп келдим, алардын ой-пикири боюнча балдарды эки категорияга бөлсө болот, чыр-чатак, жаңжалды көргөн балдар жана жаңжалды көрбөгөндөр, кийин видеодон, дисктерден көрүшүп, ошондон травма алган балдар аябай көбөйүп кетти.

Эми аларды эмне кылабыз, бул чоңдордун, ата-энелердин күнөөсү, жоопкерсиздиги. Балдарына ушундай дисктерди берген туура эмес деп эсептейм. Балдар коркуп отурушат. Чыр-чатак башталганда эле алыскы тоолуу райондорго жиберип ийип, балдар көрбөй калды деп ойлошкон. Мындай балдардын саны көбөйдү, так сан жок. Ошондуктан бүт Оштогу балдар жабыркады деген тыянакка келсек болот.

Эң биринчи - маданият

«Азаттык»: Ушул өңүттө Жогорку Кеңеште кандайдыр бир маселе каралабы, ырааттуу саясат жүргүзүү аракети барбы? Гүлзат айтып аткан проблемаларды кантип жоюу керек?

Шарапаткан Мажитова: Июнь окуясы болгонуна сегиз айдай убакыт өтүп калды. Жакында Улуттук комиссия жыйынтыгын чыгарды, парламентке койду. Азыр парламенттик комиссия жана эл аралык комиссия иштеп атат. Үч комиссия тең өз жыйынтыгын чыгарып бүткөндөн кийин, түштүктө болгон окуяларга чекит коёбуз, кимдер күнөлүү экенин аныктайбыз. Күнөлүүлөрдү жазалагандан кийин, биздин максатыбыз, бардык нерсени жыйнаштырып туруп, элдин арасында ынтымакчылыкты калыбына келтирүү үчүн ишти баштоо. Биз мурда улут аралык мамилелер өтө назик, аны ортого салып, дискуссия уюштурууга болбойт деп туура эмес айтып келгенбиз. Мына ошондуктан биз алдын алалбай калдык жана тез арада жөнгө салалбай калдык. Ошон үчүн дискуссияны дайыма уюштуруп турушубуз керек. Терең изилденген конфликтологдор тарабынан атайын даярдалган программалар боюнча иш алып барылыш керек деп ойлойм.

«Азаттык»: Жаңыл айым, сиз эмне дейсиз, жанатан бери айтып атабыз долбоорлордун күчү келбей турган чоң проблемалар турат балдарды кадыресе жашоого киргизиш үчүн?

Жаңыл Сукенбаева: Ош, Жалал-Абаддагы абалды турукташтыруу боюнча мекемелер аралык комиссия бул күнгө чейин Өктөмкан Абазовнанын жетекчилиги менен иштеп келген. Ошол планга ошол учурдагы абалды стабилизациялоо гана кирген. Азыркы вице-премьер министр Ибрагим Жунусов мырза менен жетектелип, ушул иш кайрадан каралып улантылса. Биринчи кандайдыр бир иш чаралар менен болсо дагы биз көпчүлүк балдарды биринчи абалдан чыгарып алдык. Эми ушуну улантуу иштери чоң масштабдуу болуш керек.

Гүлзат Шамсуддин: Улут аралык мамиле эмнеден башталат дегенде эң биринчи маданияттан деп айтат элем. Элдин маданиятын, аң-сезимин, билимин көтөрүш керек. Эгерде адам маданиятуу, билимдүү болсо кандайдыр бир чыр-чатака барбайт. Мамлекеттик долбоорлор керек маданиятты, билимдүүлүктү көтөрүү боюнча.

«Азаттык»: Манзура айым, өспүрүмдөрдүн талап-тоноого барганы боюнча уктуңузбу, же өзүңүз байкадыңызбы? Эмне үчүн балдар ошондойго барышты, бул кимдин күнөөсү?

Манзура Асланова: Күтүлбөгөн жерден болуп калды ушундай нерселер. Биз иштеп жүрүп эле, кечинде жетиде иштен кеткенбиз, ошол түнү ушундай окуялар башталып кетти. Жер-жерлерде чагымчылар болгон деп уктум мен. Уккан нерсемди айтып атам. Ар кандай сөздөрдү айтып, согуш башталдды деген сөздөр менен балдарды чогултуп, көчөгө алып чыгып кеткен адамдар болгон экен. Азыр мектептерде соцпедагог деген штат киргизилген. Ошондо негизинен психологдор иштесе жакшы болмок эле. Бирок бизде психологдор жокко эсе экен.

«Азаттык»: Гүлзат кандай дейсиз, негизинен кенже курактагы балдар менен иштешкен жеңилирээк болсо керек өспүрүмдөр менен иштешкенге караганда?

Гүлзат Шамсуддин: Психологдордун айтканын айтып берейин. Биз психологдор менен тыгыз иштегендиктен алардын ой-пикири боюнча өспүрүм балдарга диалог, форум түрүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Себеби агрессия жөнү жок жерден келип чыкпайт да. Ал туура эмес түшүнүк. 14-15 жаштагы өспүрүм калыптанып эле калган адам да. Агрессивдүүлүктүн дагы бир негизги себеби, үй-бүлөдө кандай абал болот, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, ошого байланыштуу болот.

«Азаттык»: Манзура айым, балдар ушул окуядан кийин коркуп үйүнөн чыкпай, керек болсо ок жаңылган, же октун чачырандылары тийген, таяк жеп запкы көргөн балдар үйүнөн чыкпай коркуп, догдурга көрүнбөй, же силер өңдөнгөндөрдүн жардамын алгандан качкан учурлар бар деген маалыматтар бар. Сизде ушундай маалыматтар барбы?

Манзура Асланова: Менде андай маалымат жок. Бирок окуядан кийин эле июнь, июль айында коопсуздук аянтчаны ачып атканыбызда ата-энелер ишенбей, коркуп балдарын жөнөтпөгөн мезгилдер болду. Бирок азыр ишеним пайда болгон. Мектепке мурункудай эле кадимкидей балдар келип атышат.

«Азаттык»: Жаңыл айым, айтсаңыз, негизи опузадан корккон, көмүскөдө, көз кырынан сыртта калган, ошол эле мезгилде катуу жабыркап жүргөн балдарды табуунун кандай жорлдору бар? Аларды кантип издейсиздер, кантип табасыздар?

Жаңыл Сукенбаева: Жер-жерлерде үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмдөрү иштеп жатат. Ал жерде үчтөн адис жалаң азыркы учурда өзгөчө Ош жерегелеринде, түштүк региондордо жабыр тарткан региондордо балдар менен өзгөчө иш жүргүзүлүп жатат. Биз дагы алар үчүн өзгөчө статистиканы тактап берүүнү жана балдардын ар бир үй-бүлөгө барып, алардын акыбалын тактап берүү үчүн максат кылып багыттаган элек. Ошон үчүн аларга кошумча юристтин штаты жана кошумча штат берилип, үч адис иштеш керек болсо, кээ бир жерлерде бештен адис иштеп атат.

«Азаттык»: Ага мамлекеттин каражаты жетип атабы?

Жаңыл Сукенбаева: Эки адисти ЮНИСЕФ кошуп берген, каржаттын баарын мойнуна алып.

«Азаттык»: Канча мөөнөттү камтыйт ал ЮНИСЕФтин программасы?

Жаңыл Сукенбаева: Азырынча декабрга чейин иштешти.

«Азаттык»: Андан ары кандай иштер болот?

Жаңыл Сукенбаева: Мен ойлойм, андан ары балдардын саны такталып калат, азыркы күнгө деле такталып атат.

«Азаттык»:
Болжолдуу санын айта аласызбы?

Жаңыл Сукенбаева: Менде андай маалымат жок. Балдар боюнча иштеген үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрү азыркы учурда жалаң балдарды коргоо жагына көбүрөк көңүл бөлүп иштеп жатышат.

Гүлзат Шамсуддин: Менин пикирим боюнча, бул өтө оор, үймө-үй кыдырып издеп табуу албетте кыйын. Ошондуктан мамлекет тараптан кандайдыр бир механизмдерди сунуштасак болот, мисалы өзүмдүн тажрыйбамдан, биз эл менен иштеп атабыз, элге жакынбыз, мисалы саламаттыкты сактоо министрлигинде үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору бар, ошондой эле кварталдык комитеттин жетекчилери бар, ошолор менен биргелешип иштеш керек. Жалгыз эле бул бөлүм физикалык жактан чамасы келбейт, алардын иши өтө көп. Ошондуктан жалгыз эле ошол бөлүмгө жүктөбөй, мамлекеттик структурада кандай тепкичтер болсо, кичинекей уюмдар болобу, бары биргелешип баарын эсептесе болот, балдардын баарын тактаганга мүмкүнчүлүк бар.

Шарапаткан Мажитова: Улут маселелери боюнча мен ойлойм, тез арада өкмөт так, түшүнүктүү улуттук саясатты иштеп чыгуусу керек. Саясаттын башында өлкөдө жашап жаткан бардык улуттар өзүнүн маданиятын сактап калууга жана өнүктүрүүгө эркиндик алыш керек жана бир мамлекет болгондон кийин, анда жашаган бардык улуттар биргеликте бири-бирине сабырдуу болуп, ынтымак ырашкерликти туу тутуп жашаш керек деп ойлойм.

«Азаттык»: Сиздерге чоң рахмат.

Оош кыйыштуу сот иши

Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова сотто, 6-сентябрь, 2010-жыл.

Базар-Коргондо июнь коогасында киши колдуу болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун апасы Карамат Сулайманова Жогорку Соттон адилет чечим чыгарууну өтүнүүдө.

Сулайманова уулун өлтүрүүгө тиешеси бар деп кармалган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун толук акталышын талап кылгандарга да нааразы болуп жатат. Ал ортодо АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана бир катар эл аралык, жергиликтүү укук коргогон уюмдар Аскаровдун таламын талашууда.

Азимжан Аскаров
3-февралда Карамат Сулайманова уулу Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө тиешеси бар деген шек менен кармалган укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган адамдарга жеңил жаза берилсе, же акталса нааразылык акциялар башталат деп эскертти:

- Баламдын артында төрт баласы калды. Райондук сот болгон, анда бешөө өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыккан. Экөөнө 20 жыл, бирөөнө тогуз жыл берген. Эми 8-февралда сот болот, ошондо мен соттордон берки үчөөнө тең өмүр бою кесүүнү суранат элем. Бешөөнө издөө жарыяланып качып жүрөт. Аларды да кармап туруп сот жообуна тартышын сурайм. Эгер бул сотто туура эмес чечим чыгарса Базар-Коргон эли көтөрүлөбүз деп атат.

Киши колдуу болгон милиция кызматкеринин жакындары айыпталуучунун коомдук коргоочуларына да дооматтарын айтууда. Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп жатат.

Өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров жана 5 кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Нурбек Токтобеков
Айыпталуучулар коюлган күнөөлөрдү мойнуна албай келатышат. Ал эми укук коргоочу Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов сотто прокурор укук коргоочунун күнөөсүн мойнуна коюп бере албады деди:

- Айыптоочу күнөөсү бар экенин далилдеши керек. Эгер далилдей албаса демек күнөөсү жок. Биздин сотторду билбейсиңерби? Биздин соттор соттогондордун баары эле күнөөлүү болуп калабы? Прокуратура анын күнөөсүн далилдеген жок.

Жалал-Абад облус прокурору Каныбек Турдумамбетов адвокат Нурбек Токтакуновдун айткандарын четке какты:

- Азимжан Аскаровдун жактоочусунун айткандарына кошулбайм. Себеп дегенде Азимжан Аскаров жана аны менен кошо жоопко тартылып жаткан кылмышкер адамдар боюнча бир эмес экинчи инстанциянын өкүмү чыгып, азыркы учурда Жогорку Сот карап жатат. Юридикалык тил менен айтканда, ошол эки инстанциянын өкүмдөрү ошол кишилердин күнөөлөрү далилденди дегенди билдирет. Соттор да ошол кишинин күнөөсү дадилденди деп ишенгенден кийин ошондой оор жазаны берет да. Анан жөн эле андай оор жазаны бериш оңой эмес да.

Азыр Аскаровдун көзөмөл арызын учурда Жогорку Сот карап жатат. Келерки сот жараяны 8-февралда болот, анда өкүм чыгышы ыктымал.

31-январда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку Сот адилет каралышына байланыштуу тынчсызданып билдирүү тараткан. Ал билдирүүдө баштапкы соттор калыс өкүм чыгарганынан күмөндүү жагдайлар болгону айтылган. Андан мурдарак жергиликтүү жана айрым эл аралык укук коргоо уюмдары ушундай эле мазмундагы билдирүүлөр менен чыгышкан эле.

Кыргызстан-Түркия: мамилелердин жаңы баскычы

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев, 2-февраль, 2011-жыл, Бишкек

1-2-февраль күндөрү Кыргызстанда Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган расмий сапар менен болду. Сапар учурунда стратегиялык кеңеш түзүү, өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, Кыргызстанга саясий жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө сөз болду. Түрк өкмөт башчысы ошондой эле кыргыз-түрк-орус жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүү маселесин көтөрдү.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек стол талкуусу кыргыз-түрк кызматташтыгына арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Дастан” ишканасында кезинде жетекчилик кызматтарда иштеген Улукбек Ормонов катышты.

“Азаттык”: Түрк өкмөт башчысы Кыргызстандагы бийлик системага эмес, демократияны колдоого көбүрөөк көңүл бургандай болду. Чыныбай мырза, сиз Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын саясий маанисине токтолуу менен талкууну баштап берсеңиз.

Чыныбай Турсунбеков: Сиз туура баамдап жатасыз, 2-февралда парламентте сүйлөгөн сөзүнөн уксаңыз керек, андан кийин “Хаятта” өткөн кыргыз-түрк ишкер адамдарынын форумунда да сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын жаңы системага кетишине өзгөчө көңүл буруп, жаңы системанын, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө, келечегине жакшы таасир тийе турганын баса белгилеп өттү. Мунун өзү көрсөтүп турат, Эрдогандын бул жолу келиши Кыргызстандагы бүгүнкү күндө жашообузга жаңы кирип аткан парламенттик системага карата чоң колдоосу десек болот. Ошол эле мезгилде кыйын учурда, ачыгын айтканда кандайдыр бир эки тараптуу соода, же башка мамиле эмес, андан дагы тереңирээк, чыныгы бир туугандык колдоонун да деми сезилип турат.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Түркия стратегиялык кызматташуу боюнча кеңешти түзүүнү макулдашты. Мындай келишимди Кыргызстан буга чейин Казакстан менен түзгөн эле. Бирок ал күткөндөй натыйжа бере элек. Стратегиялык кеңеш эмне берет? Кыргыз-түрк мамилеси стратегиялык деңгээлге канткенде жетет, Мамбетжунус мырза?
“Себаттын” системасын биздин коңшу өлкөлөр жактырбайт. Көп жерде, Өзбекстан, Орусияда жабылып, булардын артынан бир топ иш козголгон жерлери бар.


Мамбетжунус Абылов: Менин оюмча бул кереги жок эле уюм болуп калды. Себеби биздин өкмөт аралык комиссия иштейт. Конституция боюнча ал мамлекеттин атынан сыртта биздин президент гана иштерди алып барууга укугу бар. Себеби ал Кыргызстандын мамлекет башчысы деп эсептелет. Мамлекеттик ишти эч качан өкмөттүн башчысы эки жактан алып баралбайт. Өкмөттүн башчысы аткаруу бийлигинин жетекчиси катары бөлөк аткаруу бийликтин жетекчилери менен иш алып барууга мүмкүн. Бизде ошонун тегерегинде өкмөт аралык дайыма иштөөчү орган бар. Ошонун негизинде жыл сайын каралып турат, негизги каралган суроолору соода-сатык иштеринин, маданият тармагында, билимде, аскердик техникалык системасында иштердин жылып, жылбагандарын текшерип турат. Андан башка ишкер адамдарынын муктаждыгын карап турушат. Мындан башка Кыргызстандын саясатына баа берип, андай-мындай кылганга алардын укугу жок.

Экинчиден, депутат мырза “Эрдогандын келип кеткени абдан чоң маанидеги жолугуу болду, биздин жаңы болгон системаны колдоп кетти” деген ойду айтып атат. Ушуну радио, сыналгыдан да угуп атам. Бул андай эмес. Себеби Түркиянын өзүндө парламенттик система эмес, президенттик системага өткөн, президентти эл менен шайлаш керек деп Конституцияны өзгөрткөнү турушат. Себеби булар президентти парламент менен шайлап алып эле, бир топ кыйын акыбалга келип, акыры ушуга келип, мамлекеттин башына, бийликке нормалдуу адамды коюп, ошонун укугу болбосо болбойт экен деп түшүнүштү. Мунун баары эле парламенттик системанын кереги жок деген эмес, парламенттик система бийликке келе турган нерсе. Бирок президенттик система аларда керек экенин байкап, алар президентти эл шайлай тургандай кылган атат.

“Азаттык”: Ошондой тенденция бар экени белгилүү. Бирок Конституцияга Кыргызстанда тышкы саясатты үч орган тең аныктайт деп жазылган: президент, өкмөт башчы, парламент экени да белгилүү. Ошондойбу, Чыныбай мырза?

Чыныбай Турсунбеков: Так ошондой, туура айтасыз.

Кошуналарды кызыктырган Кыргызстан

“Азаттык”: Мен бул жерде бул маселени тактоо менен бирге дароо эле кыргыз-орус-түрк кызматташтыгына байланыштуу, “Дастанга” байланыштуу суроо бергим келип турат. Түрк тарап Бишкектеги торпедо жасоочу “Дастан” ишканасына кызыкканы айтылды. Бул ишкананын 48% акциясын Орусия алууга кызыкдар болуп келет. Үч өлкө бул ишкананы ийгиликтүү иштете алабы, Улукбек мырза?
Кубаттуу, дүйнөгө таанымал ишканалардын бири да Кыргызстанга келип ишке киришкен жок.


Улукбек Ормонов: Мен “Дастан” акционердик коомунда 20 жыл иштеген киши катары айтаар элем, бул негизинен аскердик буюм чыгарган завод. Ошондуктан үч мамлекеттин чогуу бул заводду иштеткени кыйын болуп калат. Себеби Союз убагында курулган бул завод мурдагы Варшава келишими деп коебуз, союздун куралдуу күчтөрүнө ылайыкташтырылган аскердик буюмдарды чыгарат. Түркия НАТОнун курамына кирет. Ошондуктан бул жерде карама-каршы иштер чыгып калышы анык болуп атат. Эгерде Түркия менен иштейбиз деген болсо, анда заводдун аскердик товар чыгарган жагын толук жабыш керек.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, анда биз аба майдандарын Америка менен Орусияга берип, эки ири мамлекеттин ортосунда жарыш пайда болду, бул жерде Түркия менен Орусиянын да жарышын пайда кылып, мындай болсо башаламандык түзүлбөйбү?



“Азаттык”: Мен элчи мырзага кайрылгым келет, түрк ишкерлери тейлөө, соода, тамак-аш тармагында бар. Билим берүү тармагында да кудайга шүгүр. Кыргызстан үчүн экономиканы өстүрүү зарыл. Экономиканы өстүрүү үчүн реалдуу тармак - өндүрүш тармагына инвестиция керек. Ошол эле Камбар-Ата ГЭСин курууга, ал өндүргөн электр энергиясын Кытай, Пакистанга, Ооганстанга экспорттоого, инфраструктура түзүүгө түрк тарап инвестиция салууга батынабы?

Мамбетжунус Абылов: Сиздин сурооңузга жооп берердин алдында бир нерсени тактап койсом. Конституциябызда мамлекеттин башчысы деген макам бир гана президентте бар. Мамлекеттин башчысы мамлекеттин атынан эки жакта ишти жүргүзөт. Ички, сырткы саясаттарды аныктап, даярдап жатканда өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин укуктары бар, бирок алар мамлекеттин атынан эмес.

Экинчиден, ишкер адамдары боюнча айтып атасыз, Кыргызстанга келип аткан түрк ишкер адамдарынын ичинен Түркиянын ичинде абдан бакубаттуу компаниялар бар, ошолордун өкүлдөрүнөн эч ким жок. Себеби Кыргызстанга кубаты азырак, майда-чүйдө ишкер адамдар келип иш кылып атышат. Алардын коомунан келген чөйрөлөрү ушулар, курулуш ишкерлери да келип атышат, андан тышкары соода-сатык иштер. Ал эми сиз айткан, чоң инвестиция менен кубаттуу ишкер адамдары, кубаттуу компаниялар Кыргызстанга келбей атышат. Муну биздин депутатыбыз да билет. Мен элчи болуп турганда, бир топ кубаттуу ишкер адамдардын чогулуштарын өткөрдүм, ошондо катышып да келди.

“Азаттык”: Аларды эмне токтотуп турат?
Эрдоган Кыргызстандын жаңы системага кетишине өзгөчө көңүл буруп, жаңы системанын, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө, келечегине жакшы таасир тийе турганын баса белгилеп өттү.


Мамбетжунус Абылов: Кыргызстанга ишеним жок. Кыргызстанда коррупция бар деп атпайбы. Кечээ Эрдогандын айткан сөзүн эстеп койгулачы, ал келип алып өкмөттү колдоп кеткен жок. Ал “өкмөт биринчи элдин ишенимине жетишиңер керек, экинчиси коррупцияны токтотушуңар керек” деп ачык айтты. Ушул сөз Түркияда аябай таралган. Өзгөчө Түркиянын бул жакта иштеп аткан ишкер адамдары бул жакта кандай кыйналып атканы жөнүндө маалымат берип турат. Ошондуктан кубаттуу, дүйнөгө таанымал ишканалардын бири да ушул жакка келип ишке киришкен жок. Алар ишке киришиш үчүн Кыргызстанда коррупция болбош керек. Экинчиден, Кыргызстанда бюрократияны азайтыш керек. Үчүнчүдөн, Кыргызстан кошумча стимулдарды бериш керек. Ошондо гана келет деп ойлойм.

Чыныбай Турсунбеков: Эрдоган мырза биздеги демократиялык процессти колдоп келди. Ошол процессти колдоо менен бирге бүгүнкү күндө демократиялык процессти жүзөгө ашырыш үчүн аракеттенип аткан коалициялык өкмөттү да колдоп атат десек болот. Ошон үчүн мартта өтө турган стратегиялык кеңештин чоң мааниси бар.

Бүгүнкү күндө бизге эч кандай өзгөчө абал кирбей туруп эле, 10 млн. долларды жардам бергени жөн жерден эмес. Андан сырткары 15 млн. доллар, 450 млн. доллар жөнүндө кеп болду. Мартта дагы далай нерселер болот го. Ушунун баары тең биринчи кезекте кыргыз элин бир тууган катары колдоо үчүн келди. Анын ичинде жаңы процессти ишке ашырып аткан бүгүнкү өкмөттү да колдоп атат.

Кооптондурган коррупция

“Азаттык”: Сиз түрк ишкерлери менен жакындан таанышсыз. Ошолордун ичинен реалдуу стратегиялык инвестиция сала турган ишкерлерди байкадыңызбы?

Чыныбай Турсунбеков: Ачыгын айтыш керек, өтө олуттуу ишкерлер келди, олуттуу тармактар боюнча сүйлөшүлдү. Кыргызстанга келген ишкерлердин баары ачык эле айтып атышат, чындап эле Кыргызстанда, Мамбетжунус мырза айткандай, мындан ары коррупция болбой турган болсо, бандиттик төлөмдөр, асылуулар болбосо биз сөзсүз түрдө чоң инвестиция кылганга даярбыз деп атат. Анын ичинде тоо кен өнөр жайы боюнча, учурунда “Түрк Телеком” келген, ал дүйнөдөгү чоң компаниялардын бири. Тилекке каршы Кыргызстандын бийлиги киргизбей койгон. Керек болсо тендерге мыйзам чегинде катышып аткан жеринен алдырып салган. Эми ошондой нерсе кайталанбаса биз келебиз, миллиондонгон акчаларды салабыз деп турушат. Ал болуш үчүн албетте бизде ошого ылайык инвестициялык шарттар түзүлүш керек.

Айтылып аткан нерселер, мыйзамдуулук биринчи планга чыгыш керек. Ошон үчүн бүгүнкү күндө банкирлер банк секторуна иш кылабыз деп атат, тоо-кен өнөр жайы боюнча, энергетика, көмүр иштетүү боюнча да келип атышат. Айтор, азыркы күндө дүйнөлүк аренада ат салышкан ишкерлердин да өкүлдөрү болду, муну баса белгилеп коюшубуз керек.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 30 күндүк визасыз каттоо бар эле, муну 90 күнгө жеткиребиз, андан кийин такыр алып салабыз деп жатышат. Бул биздин жарандарга кандай пайда, ыңгай бериши мүмкүн? Эмгек миграциясы ошол жакка бурулабы, же кандай болот?



“Азаттык”: Түркия сепаратизм, экстремизм жана терроризмге каршы күрөштө кызматташууну жактырды. Эки тараптуу кызматташуу кантип жемиштүү боло алат?



Сөз ээрчиген "Себат"

“Азаттык”: Өкмөттөрдүн ортосунда иштей турган иш бар экен. Бирок медалдын экинчи жагы бар дегендей, “Себат” системасы Кыргызстанда да иштеп жатат. “Себатка” мыктылар тандалып жатат. Алар тандалып, Түркияга кетүүдө. Бул түрктөштүрүү саясатына же акылдардын агып кетүүсүнө алып келбейби? Кыргыз өкмөтү бул багытта кандай чара көрүш керек?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте ар кандай нерсени айтса болот, андай нерсени алдын алууга аракет кылыш керек. Анткени билимдүү, акыл-эстүү жаштар биздин өлкөгө да керек.

Тилекке каршы жалгыз эле Түркияга кетип аткан жок, Орусияга, башка жактарга кетип атат. Мунун негизги себеби биздин өлкөдөгү экономикалык абал болуп атат. Мисалы “Манас” университети сыяктуу мамлекеттик расмий канал менен келип иштеп аткан окуу жайларга колдон келишинче колдоо көрсөтүшүбүз керек.
Кыргызстанга келип аткан түрк ишкер адамдарынын ичинен Түркиянын ичинде абдан бакубаттуу компаниялар бар, ошолордун өкүлдөрүнөн эч ким жок.


“Себат”, алардын айрым мугалимдери жөнүндө өзүңөр басма сөздөн окудуңар болушуңар керек. Бир кезде Тансу Чиллердин заманында ошонун коопсуздук боюнча кеңешчиси бир китеп жазды, ал китепте ар кандай сөздөр айтылды, мен ага токтолуп отурбайын, ошондон келип чыккан кооптоно турган маселелер болушу ыктымал. Бирок кандай гана болбосун бир нерсени айтып коюшубуз керек, виза жөнүндө кеп болуп атат, мурда макул болбой келип, азыр үч айга макул болуп, анан такыр эле алып салуу боюнча айтып атса, бул да болсо Түркия мамлекетинин бүгүнкү күндөгү Кыргызстанга, анын ичинде саясий жетекчилигине ишеним артып атат деп ойлош керек. Анткени ушулар бир тартипке салат го, өлкөгө жакшы нерсе жасайт го деп ишеним көрсөтүп атса керек деп айталы. Эгерде бул өкмөт, же бүгүнкү Жогорку Кеңеш элге каршы иштерди жасай баштаса жеке эле Түркия эмес, ошол эле башка кошуналар, башка мамлекеттер бизге катуу мамиле кылат.

“Азаттык”: Билим жаатында кыргыз өкмөтү өзүнчө чара көрүш керекпи?

Мамбетжунус Абылов: Билим жагына келгенде Чыныбай ошону тейлеп келген жигит болгон убагында. “Себат” боюнча ачыгын айтышыбыз керек, “Себаттын” системасын биздин коңшу өлкөлөр жактырбайт. Көп жерде, Өзбекстан, Орусияда жабылып, булардын артынан бир топ иш козголгон жерлери бар.

“Себат” деген система Түркиянын өзүндө да жабылган. Эң өркүндөгөн “Себат” системасы Кыргызстанда. Анын себеби убагында кыргыз өкмөтү буларга лицензия берип, жолду ачып берген. Ошол учурдан пайдаланып булар абдан киришип кеткен. Бул жерде корко турган эч нерсе жок. Себеби Кыргызстандын жаш муундары Түркияда жогорку окуу жайларда окуп жатышат, тилди жакшы үйрөнүп, көп кыйналган жок. Бул тарабынан жакшы. Эң коркунучтуу жери башка. Коркунучтуу жери – мунун башында турган адам Феткулла Түркиядан айдалып кеткен.

Улукбек Ормонов: Менчик мектептерди биздин өзүбүздүн билим системасында эмес Түркиядан келген кишилердин кылып атканына мен башынан каршы болчумун. Биз миңдеген акчаны аларга өзүбүз көтөрүп барып төлөп атабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

Жапаров: Бензин бизнесин атка минерлер калкалайт

Депутат Акылбек Жапаров күйүүчү май саткан компаниялардын көпчүлүгү салык төлөбөстүгүн, аларды атка минерлер калкалап келатканын айтып чыкты.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстанда баш аягы алты жүздөн ашуун күйүүчү май куючу бекеттердин 15% гана мыйзам чегинде салык төлөп жатканын билдирип, салык төлөбөгөн ишкерлерди, мамлекеттик атка минерлер калкалап жатканын жар салды. Акылбек Жапаровду ушул маселенин тегерегинде сөзгө тарттык.

"Азаттык":
Мындай маалыматты кайдан алдыңыз?

Жапаров: Бул маалыматты “Газпром Нефть Азия” ишканасынын каржы деректири комитеттин отурумунда жарыялады. Мен буга кошулуп кетет элем. Анткени “Газпром Нефть Азия” эле бүгүнкү күнү жанагы сатыктан салык дегенди толугу менен төлөп жатат. Калган май куючу станциялар болсо кез-кезде, же болбосо такыр төлөбөгөн учурлар кездешүүдө. Мына жылына 1 млн. 200 жүз миң, 1 млн. 500 миң тоннага чейин күйүүчү май заттарын алып келебиз. Ошонун олуттуу бөлүгү - 475 миң тоннаны Газпром алып келет. Бул чоң компания болгондуктан болгон салыктын барын төлөп жатат. Калган үчтөн эки бөлүгү төлөмөксөн болуп, же болбосо такыр төлөбөй жүрүшөт. Ушулардын бардыгын алып чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: Ошондо мамлекет тарткан чыгымдын суммасы канча болуп жатат? 85 пайызы төлөбөйт деп жатпайсызбы.

Жапаров: Мына бүгүнкү күнү “Газпром Нефть Азия” 2 млрд. 600млн. сом төлөп атат. Калган күйүүчү майларды ташып алып келип аткандардын бардыгы төлөсө, биз бюджетке 5 млрд. сомго чейин акчаны кошумча салык катары ала алат элек деген ой-пикирлер ошол сандар менен тастыкталып жатат. Дагы эки миллиард сомдун тегерегиндеги салык казынага түшпөй жатат.

“Азаттык”: Салык төлөбөгөн май бекеттерин мамлекеттик атка минерлер калкалап жатат деп атасыз. Ошол адамдар кимдер экенин айта аласызбы?

Жапаров: Эми алардын ысымдарын укук коргоо органдары тактап, анализ кылышы керек. Бүгүнкү бийликте: парламентте дагы, өкмөттө дагы ушул жерден олигарх болгон адамдар бар. Муну жашыруунун кажети жок. Ошондуктан биз ар бир кожоюн бир колонкодан канча пайда таап атат, ошол бир колонкадан бүгүнкү күндө “Газпром Нефть Азия” канча салык төлөп жатат, ошондой ыкмаларды биз киргизишибиз керек. Биз бир бөлөк ыкмага өтүшүбүз керек, бир гана салык болушу керек. Ошол эле чоң-чоң ресторандарда жакшылык, жамандыкты кылып атабыз. Беш жүз киши келет, бир башына миң сомдон ошол ресторандын кожоюну алып жатат. Ошонун жүз сомун же эки жүз сомун салык катары бааласак, анда бир күндө 20 миң сом, же болбосо 10 миң сом деген акчаны бюджетке түшүрсө болот. А ошол эле ресторандын бир айлык патентин карасаңыз үч миң сом, же эки миң сом. Мына ушундай көмүскөдө жаткан салыктардын көлөмүн көбөйтө турган болсок мына ошондо биз чындык келгенин, революция бекер болбогонун аныктай алат элек.

“Азаттык”: Маселен "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" өз мээнети менен тургузган май куючу жайлары бар экенин, буга Акаев, Бакиев бийлигинин эч тиешеси жок экенин айтканы бар. Сиз кесиптешиңиз өз бизнесин калкалабайт деп ишенесизби?

Жапаров: Азыр мыйзам боюнча кимде-ким депутат болсо, ал өзүнүн бизнесинин баарын өзүнүн туугандарына өткөрүп бериш керек. Бирок эгерде салыкты жанагыдай түшүнүктүү кылып төлөй турган жолдору боюнча мыйзам алып келсек, анда Камчыбек Ташиев биринчи болуп колдоп берет деп мен ишенем.

Кыргыз ынтымак менен гана кыр ашат

Жарык көргөн гезиттер учурдагы абалды чагылдырган кабарларды, маектерди, макалаларды окурмандардын ой элегине салды.

“Учур” гезити Мелис Эшимкановдун “Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч” деген ат менен үч беттен турган маегин басты. Ак үйгө барып Бакиев менен иштешкен Мелистин өткөнү менен кеткени, азыркыга чейинкиси башынан аягына дейре баяндалган.

Белгилүү дарамтург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев 75 жашта.

-75 жаш кандай экен? Карыдым деп кейиген жоксузбу?-деген суроого:

- Эмнеге кейийим? Болгону бир жаш кошулуптур. Ата-тегинен сөөгү таза, акылы ордундагылар үчүн 75 жаш жүрөк түшүрө турган деле жаш эмес. Коркпой чыга бергиле,-деген эл жазуучусу өмүр жолун, балалык кезин, чыгармачылыгына байланышкан айрым бир кызыктуу жагдайларды эскерип, өлкөнүн азыркы абалына баасын берди.

- 7-апрелдеги трагедия, бул элдин көтөрүлүшү, ал эми июндагы Ош кыргыны 7-апрелдеги элдик көтөрүлүштүн максаттарына каршы уюшулган контрреволюция! Бийликтен тайыгандар, алардын жактоочулары адегенде контрреволюцияны Бишкектеги Маевкада баштады. Андан майнап чыкпаганда Түштүктө облус борборлорун басып алып, кыргыз менен кыргызды кырылыштырган жарандык согуш багштоону көздөдү. Ал мүдөөсү да ишке ашпаган соң өзбек-кыргыз кан төгүүсүн уюштурду,-деди Бексултан Жакиев.

Ал ошондой эле азыркы кырдаалда эң башкысы ынтымактан өтөр саясат жоктугун, жетекчилер оңолмоюн эл оңолбостугун, апрель көңтөрүшүнүн максаты негизги максат болушу керектигин, аны унутсак ынтымагыбыз ыдырап, кайрадан баягы таз кейпибизге келерибизди айтты.

“Асман.kg” гезити Урмат Иманалиевдин “Куу турмуштун курултайлары” деген баяндамасын тартуулады. Автор курултай тууралуу сөз кылып, саясатчылар Феликс Кулов, Адахан Мадумаровдун акыркы кездеги аракеттерин мисалга тарткан.

Курултай темасын андан ары ЖК депутаты Камила Талиева уланткан.

Өмүрбек Текебаев башында турган Башмыйзамды сынга алып: “Элдин эмес, партиялардын гана кызыкчылыгын көздөгөн Башмыйзамдын автору Өмүрбек Текебаевге” деген аталыштагы Дастан Сарыгуловдун ачык каты да ушул гезитте.

“Айат” гезити белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев менен аңгемелешти. Мугалимдердин айлык маселеси Бакиевге чейин коюлуп, ошол кездеги министрлерге такай кайрылуу жасалып келгенин, бирок агезде ачык сүйлөгөн саясый күчтөрдүн баарын талкалап, жок кылып, саясый лидердерди атып өлтүрө баштаган Бакиев 7-апрелде качып кеткенден кийин ошол көйгөйлөр кайрадан көтөрүлүп чыкканын, мугалимдерди башка адамдардан билимдүүлүк касиети айырмалап турарын, мамлекет, бийлик мына ушул улуу касиеттерге маани бербей, мугалимдер бечарага айлана баштагандан кийин чыдай албай чыгышканын, ушу кезде алардын митинг, пикетине мугалимдер профсоюзунун борбордук комитети толугу менен көзөмөлдүк кылууну өз мойнуна алып, мыйзам чегинде иш жүргүзүп жатканын билдирди.

Экономика жагдайын кеп кылган Айылчы Сарыбаев, апрель, июнь окуялары экономиканы талакалап салды деген ойлор жаңылыштыгын, экономикабыз ордунда эле турганын, аны талкалагандар мурунку эки президент экенин, болгону эле өтө коррупциялашкан өлкөдөгү бюджетке түшпөй аткан акчаларды, бажы төлөмдөрүн казынага кайтарып алуу механизмдерин чечкиндүүлүк менен колго алуу керектигин, ошондо бардык маселе өзүнөн-өзү чечилерин кеп кылды.

“Асман press” гезити Сейсмология институтунун деректири Канатбек Абдырахматовдун маегин окурмандарга “Жер титирөөнүн болоруна 60 процент ишенем” деген ат менен тартуулады. Канатбек мырза ушу кездери жердин ички чыңалуусу күчөп жатканын, учурда мындай чыңалуу Токмок, Быстровка, Кочкор тарапта уюп турганын, бирок жер титирөө кайсыл жылы, кайсыл маалда болорун так айтуу мүмкүн эместигин, кокус Токмок менен Быстровкада жер 9 баллдык күч менен силкинсе, анда Бишкекте анын күчү 6-7 баллга чейин жетерин, эгер жер титирөөнүн очогу тескей тарапта болсо, силкинүү күчү Бишкекте 8 баллга жетерин айтты.

Турак-жайлардын бекемдигине токтолгон сейсмолог 56-60-жылдары башталып курулган үйлөр 8-9 баллга туруштук бере аларын, ага чейинкилер андай күчкө чыдабасын, ал эми жаңы конуштагы тамдар эптеп эле салынгандыктан 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере албасын, Бишкектин ичинде “Ысык-Ата зонасы” деген жарака тоо этегин бойлоп кетерин, узундугу 150 километр экендигин, ошого байланыштуу жаракадан 400 метр аралыкка үй курууга тыюу салынарын эскертти.

Аталган гезитке мындан тышкары “Айкөл эл” саясый партиясынын лидери Эдил Байсалов маек куруп, бийлик, криминал, Ош окуясы, күтүүсүз коюлган акимдер, Кадыржан Батыров жана башкалар тууралуу сөз козгоду.

“Пресс. Kg” деп аталган гезит бүгүнкү санына Бакыт Молдалиевдин “Иштейлиби же саясый жашынмак ойнойлубу?” , “Араа туулган министрлер”, “Криминалдын шайлоого тийгизген таасирлери”, “Кылмыш дүйнөсүнө салык төлөп тургандар кылмышкерлер менен кантип күрөшөт?” деген аталыштардын алдындагы макалаларын тартуулады..

Аталган гезит ошону менен бирге эле кечээ “Азаттык” радиосунун жаңы ачылган “Интернет эрөөл” деп аталган түз жыйыны тушоосун кескенин, анын алгачкы мейманы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болгонун кабарлап, анын интернет аркылуу окурмандардын суроолоруна берген жоопторун толугу менен басып чыгарды.

Токмокто жардырууга керектелчү заттар жоголду

Токмок шаарына кире бериштеги жазуу

Токмоктогу аскердик бөлүктө курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды түгөлдөө үчүн текшерүү учурунда 80 детонатор, 240 капсюл-детонатор жана 400 метр сапердик жип кем болуп чыкты.

Жоголгон заттардын күчү жана коркунучу туурасында аскерий эксперт Токтогул Какчекеев “Азаттыкка” айтып берди.

Токтогул Какчекеев: От өтүүчү шнур деп жанагы бикфордоф шнурду айтат. Ал эми капсюл- детонатор дегенди жанагы жардыргыч заттардын арасына коюп, ал детонация берет. Анан ошондо жардыргыч заттар жарылат. Жардыргыч заттар детонаторсуз жарылбайт.

"Азаттык": Капсюл-детонатор жөнөкөй детонатордон эмнеси менен айырмаланат?

Токтогул Какчекеев: Капсюл-детонатор деген от алдыруучу детонатор болот. Пистон- капсюл деген бар. Мисалы мылтык атканда мылтыктын огунун артында турбайбы пистон-капсюл. Ошого тийгенде ал жалын чыгарат да дарыны өрттөп, анан мылтык атылып кетет. Мына ушул принципте эле жардыргычтар болот. Адегенде жанагы толовый шашка деген болот. Жүз граммдык, эки жүз граммдык толуол, тринитрог деген зат болот. Ошого детонатор-капсюл коюлат да анан жардырат. Ал эми жөнөкөй детонаторго бикфордоф шнуру коюлуп жардырат. Ошондо мисалы 1 см. ошондой жип 1 секундда күйөт, 10 см. 10 секундда күйөт. Бикфордоф шнуру же жип деген бул - суу өтпөгөн өзүнчө түтүкчө болот. Анын ичинде жай күйгөн дары болот. Анан ошону өрттөгөндө өрт акырын барып жарылып кетет. Мисалы тоо-кендерин жардырганда аманид деген өндүрүш жардыргычтары болот. Ошолорду мүшөктөп алып келип, анан сиз айткан детонаторду коёт. Детонаторду ошол шнур менен, же электрдик жардыруучу машинка менен жардырса болот.

“Азаттык”: Мына азыр 240 капсюл-детонатор, 80 жөнөкөй детонатор, 400 метр сиз айткан бикфордоф жиби жоголгону айтылды. Бул түзүлүштөрдүн күчү кандай болушу мүмкүн?

Токтогул Какчекеев: Өтө чоң коркунуч келтирет. Мисалы бир эле детонатор менен бир тонна жарылуучу затты жардырса болот. Анан ошол детонаторго радиожардыргычты койсо, убакыт-сааты келгенде ошо менен жарылуу болот. Өтө чоң коркунуч. Же болбосо, ал жерде электр саат жардыруучу түзүлүштү, же жардыруучу машинка менен жардырса болот. Мисалга, ошол аманидди Токтогул ГЭСинин плотинасынан же темир жолдун көпүрөсүнөн жардырат. Жанагы партизандар жөнүндөгү кинолорду көрсөңүздөр керек. Мына дал ошондой пайдаланса болот.

“Азаттык”: Бул куралдардын жоголушуна кандай баа берсе болот, шалаакылыктын кесепетинен болду деп айтууга болобу?

Токтогул Какчекеев: Шалаакылыктан курал жоголбойт. Бул коркунучтуу курал шайманы болот да. Ошондуктан бул атайын складда бөлөкчө коюлат.

“Азаттык”: Анда кандайча жоголуп кетти?

Токтогул Какчекеев: Ал жерде эми мындай. Курал-жарак боюнча ал жерде арттех куралданууну ээлеген киши болот. Же болбосо бул арттех куралдануу сапердик взвод, ротанын карамагында болот. Анын үстүндө полктун инженери, бригаданын, батальондун инженери болот. Ошолор тейлейт. Көбүнчө буларды командирлердин, орун басарлардын буйругу менен сатышат. Кампа башчысы менен сатса болот. Азыр курал-жарактарды сата беришет.

“Азаттык”: Бирок сатканда, курал кандай кишилердин колуна түшүп калат? Бул жагы эске алынабы?

Токтогул Какчекеев: Керектеген кишилердин колуна түшөт. Мисалы браконьерлер балыкты жардырып алабыз деп алышат. Жеке жол куруучу компаниялар алышат.

“Азаттык”: Муну менен Бишкекте дагы акыркы убактардагыдай жардыруулар болуп кетүү коркунучу жаралат деп кооптонууга негиз барбы?

Токтогул Какчекеев: Бар. Бишкек гана эмес, самолет, машине, каалаган нерсени жардырса болот. Өтө коркунучтуу курал.

“Азаттык”: Токмоктогу аскер бөлүгүндө жакынкы күндөрдө президент болуп кайткан эле. Эгер сиз айткандай детонаторлор сатылган болсо, аны сатууга кандай кызыкчылык болду?

Токтогул Какчекеев: Ал чоң акча турат. Мисалы, террористтер келгенде жергиликтүү элдин арасына кирет. Эми Кыргызстанда бардыгы сатылып калбадыбы. Сатылбаган киши жок бүгүнкү күндө. Алар максатына жетиш үчүн таанышышат, атуулдукту алууга аракет кылышат, үй сатып алышат. Акырындап олтуруп жанагы кампа башчылар менен дос болушат.

“Азаттык”: Бул жоголгон куралдар бүгүнкү шартта кимдин колуна түшүп калышы ыктымал. Кимдер сатып алышы мүмкүн?

Токтогул Какчекеев: Террористтер, сепаратисстер, радикал сепаратисттер.

Азаттык”: Рахмат маегинизге.

“Эл үнү”: Аткаминерлер, паракорлук менен сүткорлукка алдырбагыла!

Бишкекте Форумдун жанында 7-апрель курмандыктарын эскерүү жыйыны. 17-май,2010-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө Нарындан Жетим тоодогу кенди иштетүүгө каршы пикирин билдиришсе, Бишкектин айрым тургундары “Азаттыктын” кеңсесине келишип, өз көйгөйлөрүн ортого салышты.

Жыргалбек, Бишкек шаары:
- Доор урагандан кийин мамлекетибиз канча кыйынчылыктарды өткөрдү. Ошон үчүн мамлекетибиздин кыйрабашына жакшы өбөлгө түзүшүбүз керек. Минтип жүрө берсек эч качан өнүкпөйбүз. Мамлекетибиздеги ортоңку жана жогорку аткаминерлер (чиновниктер) паракорлукка, сүткорлукка алдырбашы керек.

Нарын району, Таш-Башат айылы, Аятбубу Касымалиева:
- Биз мурдагы президент К.Бакиевге, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго Нарындагы Жетим тоо кенин иштетүүгө элдин каршылыгын билдирип, бардык жерге элдин колу коюлган каттарды тапшырып келгенбиз.

Жетим тоодо 70тен ашуун кен бар. Ошол кендер зыяндуу. Экологиянын бузулушуна, Нарын дарыясынын соолушуна жол бербейлик деп, адам фактору болгон ден-соолугуна зыян келбеси учун атайын топ түзүп, кенди иштетүүгө каршы туруп келебиз.

Биз парламенттин 5 фракциясына, президентке, өкмөт башчыга кайрылуу катын жолдоп, Жетим тоодогу кенди иштетпөөгө чакырганбыз. Азыр дагы Жетим тоодогу кенди иштетүүгө кызыкдар адамдар чыгып, чалгындоо иштерине лицензия берип жатыптыр дегенди угуп Нарын облусунун эли буга каршы болуп жатат.

Сокулук району, Өндүрүш Токтонасыров:
- Мамлекеттик тил болгон эне тилибиздин тагдырына күйүп-бышкан адам катары Супер-инфо, Лозунг, Параграф, Леди.kg, Форум гезиттеринин аталышын кыргыз тилине которуу жана Коомдук каналдагы “Браво” деген жаштардын берүүсүн кыргызча атоону талап кылып Бишкек район аралык сотуна кайрылгам.
Бирок сот гезиттердин редакциясы кайсы райондо жайгашса, ошол жердеги райондук сотко берүү керек деген чечимин чыгарышты. Мен ар бир гезиттин жайгашкан жерин тактап туруп, алар жайгашкан райондук сотко берем.
Мамлекеттик тилди коргоо жана колдоо үчүн гезиттердин аталышын кыргызча аталышын мамлекеттик тил комиссиясы дагы көзөмөлгө алуусу зарыл.

“Супер-инфо” гезитинин башкы редактору Шаиста Шатманова:
- Өндүрүш байке күнүмдүк жай турмуш өткөргөн адамдардан айырмаланып, коомдо өзүнүн жигердүү позицияларын ачык-айрым айтып келет.

Бирок “Супер-инфо” гезити аркылуу канчалаган кыргыз элинин өкүлдөрү, “киргиз”болуп бараткандар кыргызча окуп, кыргызча сүйлөгөнгө үйрөнүп, “Супер-инфо” гезити канчалаган кыргыз тилин окуганга чакырып жатат.

Ошондой эле биздин гезиттин иш аракетинде интернет-сайт бар. Ал аркылуу чет жерде жүргөн биздин канчалаган атуулдар кыргыз тилинде бааралашууга, кыргыз ырларын, кыргыз музыкааларын угууга мүмкүнчүлүк алып келатышат.

Анан ушундай иш аракет жүргүзүп келаткан гезитти сотко берип, “атын алмаштыргыла, баланча-түкүнчө” дебестен Өндүрүш байке кыргыз тилине өтө одоно кетирген котормолорду, одоно ката жазууларды оңдогонго энергиясын жумшаса коомго абдан пайда келтирет эле.

Бишкек шаары, Тургуналы Бокешов:
- Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Кубат Байболовго арызым бар эле. Ал арызды жеке өзүнө берүүгө, көзмө-көз жолугууга аракет кылсам мага мүмкүнчүлүк беришкен жок.
Төртүнчү күнү Башкы прокурор кабыл алат экен, бирок жалпы бөлүмдүн жетекчиси Галина Ивановна Шин мени ар кандай шылтоолор менен Байболовдун кабылдамасына жолотпой жатат.
Себеби менин арызымда Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчилери, бөлүмдүн башчылары жөнүндө болчу. Ошондуктан Галина Ивановна мени Кубатбек Байболовго жолтпой жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Санжар Абжалов:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кубатбек Байболов бейшемби күнү саат төрттөн алтыга чейин жарандарды кабыл алат. Эгерде президенттик администрацияда, Жогорку Кеңеште жыйындар болуп калганда жана көчмө коллегия болуп калганда кабыл албашы мүмкүн.

Калган күндөрү бейшембиде төрттөн алтыга чейин жарандарды кабыл алат.

Андан сырткары Башкы прокурордун орун басарлары Бактыбаев Рыскул шейшемби күнү төрттөн алтыга чейин, Иванов Виктор жума күнү төрттөн алтыга чейин, Осмоналиев Бакыт шаршемби күнү төрттөн алтыга чейин арыз-доомат менен кайрылган адамдарды кабыл алышат.

Андан сырткары күнүгө тогуздан алтыга чейин Башкы прокуратуранын бөлүм башчылары жарандарды арыз-дооматтары боюнча кабыл алышат. .

P.S.
Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61- 53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.

Кубалашкан курултайлар

Бириккен элдик кыймылдын курултайы, 2010-жылдын 17-марты.

Кыргызстанда жаз жакындаганы курултайлардын парады башталып, Ошто жана Таласта элдик курултай өткөрүлдү,

Бул арада мурдагы президент Бакиевдин Ынтымак курултайы кайра жанданды. Саясый партиялар болсо Курултай институтун баш мыйзамга киргизүү ураанын көтөрүүдө.

Кыргызстан курултайлардын кучагында

Ушу күндөрү Кыргызстандын саясый лексикасы курултайларга толду. Адегенде Ошто элдик курултай өтүп, андан көп өтпөй “Кумтөр” алтын кенинин тагдырын жалпы элдик курултайга койуу боюнча демилгечи топ пайда болду. Элдик экинчи курултай өткөн жекшембиде Таласта жыйналды. Эми кезек Нарынга ооду. Ал ортодо “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ар-Намыс” партиялары курултайды Конституцияга киргизүү ураанын сүрөөнгө алды.
Оппозициянын 2008-жылдын жазындагы элдик курултайы.

Элдик курултайды өткөрүү демилгечи тобунун жетекчиси Түгөлбай Казаков анын өзгөчөлүгү туурасында буларды айтат:

- Республикалык элдик курултайда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана андан чыгуунун жолдору каралат. Мындан сырткары элдик курултайды бийликти көзөмөлдөө милдети менен баш мыйзамга киргизүү демилгесинин жол-жоболору талкууга алынат. Мына ушул эки гана маселе күн тартибине коюлат. Уюштуруу иштеринде "көп түкүрсө көл болот" деген негизде иш алып барып жатабыз. Деги эле бирөөдөн көп каражат алып, анан алардын көзүн карап калууну туура эмес деп таптык. Ошондуктан курултайды уюштуруунун башына бир дагы саясий партияны тарткан жокпуз.

Ынтымак курултайы ордунан турганда

Өткөн жылы 23-мартта мурдагы президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Ынтымак курултайы чакырылган болчу. 7-апрелден кийинки бийлик алмашуудан кийин ынтымак курултайынын ың-жыңы билинбей калган.

Жакындан тарта аталган курултайдын төрагасы Садыкбек Аблесов ынтымак курултайын өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатканын айта баштады:
Ынтымак курултайы, 2010-жылдын 24-марты.

- Курултайды декрет менен эч ким жойгон эмес. Себеби былтыр бул курултайдын делегаттарын жер-жерлерден эл өзү шайлаган да. Жобо боюнча Ынтымак курултайы бир жылда бир жолу өткөрүлүшү керек. Мына ошондуктан азыр даярдык көрүп, март айында уюштурууну ойлонуп жатабыз. Азыркы учурда кайсы бир партиялардан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн сунуштар түшүп жатат. Мына ошолорду төркеңеште карап туруп анан ынтымак куралтайынын күн тартибин аныктайбыз.

Мындан сырткары “Ар-Намыс” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары элдик курултайды баш мыйзамга киргизүү демилгеси менен чыгышты. “Бүтүн Кыргызстандын” төрагасы Адахан Мадумаров курултайдын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталышы керек деген ойдо:

- Бул жанагы кокту-колот, уруу-уруулардын курултайы катары эмес, жалпы элдик курултай институтун баш мыйзамга киргизип, анын иштөө тартибин, курамын, макамын жана мөөнөттүн аныктаган конституциялык мыйзам иштелип чыгыш керек. Анан ким оюна келсе эле курултай чогулта койолу дегендин өзү туура эмес. Андай курултайлардын канчасын өткөрдүк. Ал курултайлардын макамы кандай болот? Кабыл алган чечимдерин кимдер аткарат? Бизде барбы мына ошолордун бардыгын аныктаган мыйзам? Жок да. Демек жок эле туруп ошонун баарын жасай берсе болбойт да.

Бийлик да курултай өткөрүүдөн куру калбайт

Ал ортодо бийликтин демилгеси менен жазда Суусамырда калктын түрдүү катмарларынын жана бардык саясий күчтөрдүн катышуусунда курултай өтө тургандыгы маалым болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков мамлекет башчысы менен макулдашылгандыгын 31-январда өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирген.
БЭКтин курултайы, 2010-жылдын 17-марты.

Бирок курултай институтун расмийлештирүү үчүн баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө туура келет. Ал эми былтыр кабыл алынган баш мыйзамда аны он жылга чейин өзгөртпөө эрежеси киргизилген.

Президенттик администрациянын жетекчиси Эмил Каптагаев азыркы бийликтин каршылаштарынын жогорудагыдай демилгеси менен макул экендигин ачыктады:

- Баш мыйзамды өзгөртпөйбүз деген менен ошондой турмуштук зарылдыктан улам чыгып калган жагдайларды кайрадан кароого туура келип жатат. Анткени мына партиялык тизме менен келген парламент өздөрүнүн партиялык кызыкчылыгы менен гана алек болуп калат экен. Чыныгы элдик кызыкчылыкты чагылдырып, бийликтин бардык бутактарынан отчет ала турган курултай керек экендиги көрүнүп калды.

Элдин үнүн угуубу же эптеп упай топтомойбу?

Анткен менен элдик курултай институтун киргизүү демилгесине каршы чыккандар да аз эмес. "Идеялардын борбору" коомдук уюмунун жетекчиси Аскарбек Асаналиев курултай аркылуу башкаруу түрдүү саясий кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келет деген ойдо:

- Бизде илгери курултай аркылуу башкарганбыз деген туура эмес. Курултай деген өзү монгол менен татар элдериники. Бул ошол учурдун масштабы боюнча туура болсо болгондур. Бирок азыркы учурда курултайды расмийлештирип, аны саясий талкуулардын аянтчасына айлантуунун коркунучтуу жагы бар экендигин эске алышыбыз керек. Муну саясатчылар учурда популисттик кадамдар үчүн колдонуп жатышат. Бул башкаруудагы анархияга алып келиши мүмкүн.

Айрым серепчилер болсо ар кандай саясий күчтөр курултайлар аркылуу президенттик шайлоонун алдында упай топтоо аракетин көрүүдө деп эсептешет.

Уюкфон аркылуу жаңылык таратылат

Эми жарандар уюкфон аркылуу акыркы маалыматтарды уга алат.

Кыргызстанда уюкфон аркылуу жаңылык таратуучу “Куш кабар” аттуу борбор ачылды. Эми жарандар чөнтөк телефонунан акыркы кабарларды угуп алса болот.

Долбоор жетекчилеринин баамында, мындай кызмат Кыргызстандын алыскы аймактарындагы тургундарга жаңылык жеткизип, маалыматка суроо-талапты канааттандырмакчы.

Ар бир адам жаңылык билдирсе болот

Эми Кыргызстандын жайлоосунда болобу, жакасында болобу чөнтөк телефон аркылуу акыркы жаңылыктарды билип алса болот. Ал үчүн телефондон белгиленген номерди терүү керек. Андан соң кабарлардын тизмеги биринен сала бири угула баштайт.

“Доор Медиа” коомдук фондусунун жетекчилиги алдындагы “Куш кабар” долбоору өлкөнүн бардык аймагына кыргыз жана орус тилдеринде кабарларды жеткирүүгө киришти. Фонддун жетекчисинин орун басары Марс Тулегеновдун айтымында, Кыргызстандын аймактарындагы тургундар кабарларды угуу менен гана чектелбестен, өздөрү да жаңылыктарды билдирип турса болот.

- Жарандык журналистиканы да өнүктүрөлү деп жатабыз. Мисалы кандайдыр бир маанилүү окуяга кимдир бирөө күбө болуп калса, жөнөкөй эле жаран, ошол замат мобилдүү телефон, фото камерасы болсо ошону тартып, анан бизге жибере алат. Фото, видео камерасы жок болсо, жөн гана телефондон кабар бере алат. “Кушкабар” ушул жерде ушундай болуп жатат, мен өзүм күбө болуп жатам деп. Ал боюнча биздин кабарчыбыз бул маалыматты текшерип, жери менен байланышат. Тастыкталгандан кийин гана маалыматты чыгара алат.

Марс Тулегеновдун билдиришинче, чөнтөк телефон аркылуу кабар таркатуу башка массалык маалымат каражаттарына салыштырмалуу ыкчам келет. Кайсы бир окуяга күбө болгон кабарчы же жөнөкөй жашоочу дароо борборго чалып, кырк секундга жетпеген мөөнөттүн ичинде окуянын ток этер жерин айтып берет. Кабар берген адамга калем акы да төлөнөт. Аймактардан чогулган кабарлар Бишкектеги борбордо топтолот. Алардын маанилүүлөрү тандалып, эки мүнөттүк жаңылыктар түрмөгү даярдалат. Азырынча бул түрмөк бир күндө эки жолу жаңыланып турат.

“Доор медиа” коомдук фондусунун жетекчиси Вячеслав Гончаровдун айтымында, бул долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү - өлкөнүн аймактарын камтыганында:

Вячеслав Гончаров
- Эгер бардык жаңылыктардын тизмегин карай турган болсок, жашоо Бишкекте эле болуп жаткандай. Бишкектен алыстаган сайын аймактардан жаңылыктар сейрек боло баштайт. Мындан улам облустарда эч кандай окуя болбойт деген ойго түшөсүң. Бирок чындап келгенде аймактарда абдан көп жаңылыктар болот. Өрөөндөрдө да адамдар жашайт. Алар Бишкектеги гана эмес, башка өрөөндөрдөгү кабарларды угууну каалашат. Мындан сырткары мобилдүү телефон аркылуу кабар таркатуу ушак-айыңды дароо тактаганга мүмкүнчүлүк берет.


Өзгөчө кырдаалдар учурунда уюкфондун пайдасы көп

Уюкфон аркылуу жаңылыктарды таратуу айрым Батыш өлкөлөрүндө колдонулуп келет. Мындай кызматтар өзгөчө кырдаал учурунда калкты кабардар кылууга жардам берет. Мындан улам долбоор жетекчилери июнь каргашасы учурунда чөнтөк телефон аркылуу кабар алууга мүмкүн болсо, ушак айыңга бөгөт коюлуп, курман болгондор да аз болмок дешет.

Бул ойго долбоорду колдоого алган “Сорос-Кыргызстан” фондусунун маалымат программаларынын координатору Марат Жаанбаев да кошулат:

- Бул долбоорду колдоонун астында апрель жана июнь окуялары болуп кетти. Бул окуялар да Кыргызстанда маалыматтык боштук бар экенин дагы бир жолу тастыктап өттү. Мындан улам биз бул долдоорду колдодук.

Аймактардан келген жаңылыктар Бишкектеги борбордо топтолот
Кантсе да чөнтөк телефон аркылуу кабар угуу үчүн акы төлөнөт. Ушул тапта уюкфон колдонуучулар кабар угуунун ар бир мүнөтү үчүн 3 сомдон 4,8 сомго чейин акча төлөшү керек. Айрыкча бул кызматтан азырынча “Кыргызтелеком” менен “Фонекс” уюлдук байланыш операторлорун абоненттери эле пайдалана алышат.

“Сорос-Кыргызстандын” “ММКларды колдоо” программасынын жетекчиси Марина Сивашова, телефон аркылуу кабар таркатуу байланыш операторлоруна көз каранды болуп жатканын, операторлор долбоорду коммерциялык долбоор катары баалап көп акча сураганын айтты:

- Уюлдук операторлордун өкүлдөрү бул аракетти акча табуунун жолу катары баалап жатышат. Бул туура эмес. Бул көңүл ачуучу долбоор эмес. Болгону биздин элге керек болгон нерсе. Мындан улам өкмөт дагы биз менен кызматташса жакшы болмок эле.


Азырынча жарандар “Куш кабардан” өзү каалаган кабарды тандап укканга мүмкүнчүлүгү жок. Келечекте ар кимдин кызыгуусуна ылайык өзүнчө бөлүмдөр ачылары күтүлүүдө. Чөнтөк телефон аркылуу жаңылык таркатуучу “Кушкабар” долбоорун жаратуу оюу мындан үч жыл мурда пайда болгон. Бул долбоор өткөн жылдын октябрь айынан тарта ишке кирише баштаган.

Кыргыз-түрк стратегиялык кеңеши түзүлөт

Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда, Бишкек. 2-февраль.

Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 2-февралда Бишкекте кыргыз жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки тарап кызматташууларды өркүндөтүү үчүн өкмөттөр аралы комиссиянын ишин жандантуу, визасыз каттам киргизүү боюнча макулдашууларга жетишти.

Түркия Кыргызстанга 450 млн. доллар инвестиция салууга даяр

Өкмөт башчылар Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Жыйырма пункттан турган билдирүүдө саясий сүйлөшүүлөрдү улантуу, Түркиянын инвестициясын Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, инфраструктура, айыл чарба жана туризм тармагына тартуу макулдашылган. Ошондой эле жыл аягына чейин визасыз каттамдарды киргизүү, терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы биргелешип күрөшүүнү да тараптар белгилешти.
Эрдоган Бишкекте, 2-февраль.

Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын билдирүүсүнө караганда, түрк тарап Кыргызстанга 450 млн. доллар инвестиция салууга даяр. Анын 150 млн. доллары кыргыз-түрк “Манас” университетине берилмекчи.

Түрк өкмөт башчысын президент Роза Отубаева кабыл алып, эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Данакер” ордени менен сыйлады.

Эки өкмөт башчы өлкөлөрдүн кызматташууларына динамика бериш үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну, стратегиялык кызматташтык кеңешин түзүүнү чечишти. Бул тууралуу биргелешкен маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев буларды билдирди:


- Биргелешкен чечимге келдик, Кыргызстан жана Түркиянын ортосунда эки мамлекеттин кеңешин түзөлү деп. Жогорку деңгээлдеги жогорку кеңеш деп айтсак болот. Ал кеңешти кезеги менен эки өкмөт башчы башкарат. Быйыл сиз башкарыңыз деп сунуш кылдым. Келерки жылы мен башкарам. Ошол кеңеште реформага кантип жардам беребиз, парламенттик системаны кантип жүзөгө ашырабыз? деген маселелердин баары каралат, деген Атамбаев түрк өкмөт башчысы менен болгон сүйлөшүүлөр күткөндөн да натыйжалуу болгонун белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган кыргыз парламентинде сөз сүйлөдү

Кыргыз парламентинде сөз сүйлөгөн Режеп Тайып Эрдоган бүгүн кабыл алынган чечимге карата буларды билдирди:

- Бүгүн таштаган кадамыбыз менен жогорку деңгээлдеги стратегиялык биргелешкен кеңеш түзүү чечимин кабыл алдык. Март айында премьер-министр менен министрлер жолугушабыз. Премьер-министрлер менен бирге жылына бир жолу, бир жылы Түркияда, экинчи жылы Кыргызстанда жолугушууларды өткөрүп турабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы министрлерибиз болсо жылына эки-үч жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан-Түркиянын байланышын талкуулашат. Биргеликте эмнелерди кыла алабыз? Кыргызстандык ишкер Түркияда эмне кыла алат? Түркиялык ишкер Кыргызстанда эмне кыла алат? Же эки өлкө бирге үчүнчү өлкөлөрдө эмне кылса болот? Мына ушуларды биримдик ичинде улантабыз.

Түрк өкмөт башчысы Кыргызстанга инвестиция салуунун шартына токтоло кетти. Анын пикиринде, өткөн жылдагы кыйынчылыктар кайталанбасына көзү жеткенден кийин ишкерлер Кыргызстанга акча сала баштайт.

Былтыркы толкундоолор учурунда түрк ишкерлеринин жоготуусу 7 млн. долларга барабар болгон.

Түркия Кыргызстан тандап алган жолдун ийгиликтүү болушуна колдоо көрсөтөрүн белгилеген Эрдоган Түркиянын парламенттик системадагы тажрыйбасын эске салды.

Түркия 1946-жылы көп партиялуулук системага өткөн. Мына ошол мезгилден бери өлкө көтөрүлүп да, чөгүп да турган мезгил болгон. Бирок акыркы 8 жылдан бери жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкөнүн улуттук кирешеси 3 эсеге көбөйүп, Түркия дүйнөдөгү 17чи экономикага айланды. Экономиканын өсүшү үчүн туруктуулук жана ишеним керек, деп белгиледи Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк өкмөт башчысы расмий жолугушуулардан кийин "Хаят" мейманканасында өтүп жаткан эки өлкөнүн ишкерлеринин форумуна катышты. Андан сырткары Түркиянын жаңы элчилигинин ачылыш аземи, кыргыз-түрк “Манас” университетиндеги жолугушуулар түрк өкмөт башчысы 2-февралда катышкан иш чаралардан болуп калды.

Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары бүгүн соңуна чыгат. Белгилеп кете турган нерсе апрель ыңкылабынан кийин бул Кыргызстанга жасалган жогорку деңгээлдеги биринчи расмий сапар болуп калды.


Эрдоган Кыргызстанда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Түрк өкмөт башчысы Кыргызстанда

Кыргызстанга иш сапары менен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган келди.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жолукту. Эки өлкө ортосундагы кызматташууга кошкон салымы үчүн Роза Отунбаева Режеп Тайып Эрдоганды “Данакер” ордени менен сыйлады.

Кыргызстанга иш сапары маалында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, билдирүүдө тараптардын эки өлкө ортосундагы ар тараптуу алака-катышты мындан ары өнүктүрүү ниеттери айтылган.

Мындан сырткары Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда мамлекеттер аралык кеңеш түзүү тууралуу макулдашты. Кеңештин алгачкы отуруму ушул жылдын март айында Түркияда өтөт жана анда Кыргызстандагы реформаларды ишке ашыруу, экономиканы көтөрүү, инвестиция тартуу маселелери талкууланат. Эрдогандын айтымында, Түркия Кыргызстанга баш-аягы 450 миллион долларлык инвестиция салган. Кыргыз-түрк өкмөт башчылары бул жолугушууда эки өлкө ортосундагы визаны ушул жылдын аягына чейин алып салууну макулдашты.

Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын парламентик башкаруу системасына өз баасын берди. Түрк өкмөт башчысы Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, Кыргызстан кабыл алган парламенттик башкарууну колдой турганын билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы Кыргызстан Борбордук Азияда болуп көрбөгөн башкаруу системасын тандап алды. “Парламенттик башкаруу системасы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тажрыйбадан өткөн. Кыргызстанда бул системанын келечегинен күмөн саноонун кереги жок”,- деди Эрдоган. Өз сөзүндө Түркиянын өкмөт башчысы азыркы Кыргызстан өкмөтү менен парламенттин алдында бир катар маанилүү милдеттер бар экендигин, коалициялык өкмөт милдеттерди аткарып кетерине ишенээрин билдирди. (EBM)

Жаратылыш кечирбейт

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу табият жана анын айланасындагы маселелерге арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Аскар Салымбеков, Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарба агенттигинин башчысы Биймырза Токторалиев, окумуштуу-эксперт, Айлана-чөйрөнү коргоо токой чарба агенттигинин коомдук көзөмөл кеңешинин төрагасы Кайрат Молдошев жана БУУнун өнүгүү программасынын экология долбоорунун координатору Фарида Балбакова катышты.

“Азаттык”: Адатта чет өлкөлүк коноктор Кыргызстанды эң эле жаратылышы кооз өлкөнүн катарында санайт. Ошол эле мезгилде коомчулуктун алдыңкы катмары учурда табият өтө жабыркап, өксүп баратканын айтып, коңгуроо кагып келатышат. Муну көп учурда толгон-токой кен казуулар менен байланыштырып жүрүшөт. Ушундай пикирлер сиздерди ынандырабы, же жаратылышка запкы келтирген башкы себептер барбы?

Биймырза Токторалиев: Чындыгында биздин жаратылышыбыздын кооздугу – биздин чоң байлыгыбыз. Цивилизация деп атабыз, улам бир фазадан экинчи фазага өткөндө да айлана-чөйрөгө таасирин тийгизет экен. Мен ойлойм, кен байлыктардын азыркы убакта иштетилип жаткандары да, эгерде илимий негизде боло турган болсо, жаратылышты жөн эле карап отура бербейбиз да, аны үнөмдөө менен башкара билишибиз керек.

“Азаттык”: Албетте экономика деп сиз айтып атасыз. Ошол эле мезгилде жаратылышты башкаралбай жаткандыктан жаратылыш өңүнөн азып, өксүп кетип атабы, Аскар мырза сиз кандай дейсиз?

Аскар Салымбеков
Аскар Салымбеков: Акыркы жылдары дүйнө жүзүндөгү коомчулук бул маселе боюнча кабатырланып, чоң жыйындарды өткөрүп атышат. 2009-жылы Копенгагенде, 2010-жылы Мексикада дүйнөдөгү бардык мамлекеттер экология маселелерин изилдеп аткан жетекчилердин катышуусу менен ушул маселелер көтөрүлүп жатат. Биз кандай чекке жеткендигибизди ошол жерде көрсөтүп атат. Биз чуркаган бойдон эле жардан асып кеткендей, акыркы кыяматка кетип бараткандай эле сезилип атат.

Экология бардык жер шарыбызда бузулуп атканын кичинекей баладан чоң адамга чейин ар бири сезип атат. Ар бир мамлекет өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иштерди жасап атат, биз да Кыргызстанда жасап жатабыз. Бирок жасаган ишибиз менен экологиянын бузулуп атканынын айырмасы жер менен асмандай болуп атат.

“Азаттык”: Талкууну баштардын алдында баткендик эколог Алтынбек Мисиралиевдин пикирин жаздырып алгам. Ошону уксак.

Алтынбек Мисиралиев: Жаратылыш боюнча биздин түшүнүгүбүз жок. Жаратылыш эмес адамдар бири-бирибизге мамилебиздин жоктугунан кыйналып атабыз, жаратылышты негизинен түшүнө элекпиз. Түшүнүш үчүн жалпы коом, мамлекет менен биргеликте түшүндүрүү иштерин алып барышыбыз керек. Буга маани берилбей атат. Эмне деген байлыктарыбыз бар! Жан-жаныбарларга кандай мамиле кылууну үйрөнүшүбүз керек.

“Азаттык”: Кайрат мырза, Алтынбек Мисиралиевдин пикири сизди канчалык ынандыра алат?

Кайрат Молдошев:
Алтынбек абдан жакшы айтып атат. Себеби кыргыз элинде башынан эле табиятка генетикалык илгертеден мамилебиз бар. Тоого, ташка сыйынчу, баарын таза алып жүрчү, жайлоодон көчүп атканда да баарын таптаза алып кетчү, азыркыдай булгабай.

Коркунуч деп атышат. Мен ал коркунучтардан деле коркпойм. Себеби биз дагы эле ошондойбуз. Маселе бөлөк жерде турат. Маселе мамлекеттик стратегияда. Биздин өкмөттүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча саясаты жөнүндө. Кыргызстандын азыр стратегиялык өнүгө турган экономикалык тармактардын баары толугу менен айлана-чөйрөгө жана жаратылыштарына жараша, ошолорду пайдаланууга байланыштуу.

Тоо, кен, өнөр-жай деп айтпадыңызбы. Бул да жаратылыш ресурсу. Экинчи, суу, токой, рекрациялык ресурстар боюнча 97-жылы туруктуу өнүгүү боюнча стратегияны кабыл алганбыз. Ошол стратегия дагы эле ишке аша элек. Биз көп саясий нерсеге алаксып кетип эле, айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча аракеттерди дагы эле ишке ашыралбай жүрөбүз.

“Азаттык”: Сиз көзөмөл кеңештин төрагасы экенсиз. Азыр агенттиктин эмне өксүктөрү бар деп ойлойсуз? Агенттик эмнени жасай албай жатат?

Кайрат Молдошев
Кайрат Молдошев:
Албетте мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин колунан көп нерсе келбей атат. Себеби статусу төмөн. Ички, сырткы экологиялык саясат боюнча мамлекеттик агенттик азыр көп нерсени жасай албай атат.

Роза Исаковнанын өзү менен жолукканда да айтканбыз, агенттиктин макамын жогорулатыш керек, министрлик, же комитет кылыш керек, азыр Кыргызстан 12-13 конвенцияга кол койгонбуз, ошолорду ишке ашырыш үчүн, сырткы инвестицияларды алыш үчүн керек. Президент сентябрда барып, биздин экологияга карыздарды берели деп, агенттикти мамлекеттик структурасы катары статусун жогорулатып ошол маселени чечиш керек.

“Азаттык”: Анткен менен кыргыз коомчулугунда ачкөздүк деген нерсе да тескери таасир этип, жаратылышты коргогонго залакасын келтирип атат деген да пикирлер жөн жерден чыккан жок. Мисалы кийиктер, Ат-Башы, Нарындын базарларында кийиктин эти жөн эле сатылат деген маалыматтарды угуп жүрөбүз. Ошонун чындыгы барбы, аны ким көзөмөлдөйт? Аскар мырза, сиз Нарынга көбүрөөк каттайт болушуңуз керек?



“Азаттык”: Азыр жаратылыштын дүйнөлүк фонду каржылаган долбоордун Кыргызстандагы өкүлү Фарида Балбакованын пикирине назарыңыздарды буралы.

Фарида Балбакова: Жапайы жаратылышты коргоо Кыргызстанда абдан кейиштүү абалда турат. Азыр бардык жерде коррупция. Браконьерлерди кармап, күч органдарына өткөрүп беребиз, алар болсо ишти жаап салууда. Браконьерликке каршы ыкчам көзөмөл тобу түзүлгөн. Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду каржылайт аны. Булар ай сайын Ысык-Көлдүн сырттарында браконьерликке каршы күрөш жүргүзүп келе жатат. Акыркы маалымат боюнча 4 кулжа, 10 тоо теке, 800 суурдун териси кармалган, 10 капкан, 3 мылтык алынган. Мунун баарын биз тартип коргоо органдарына протокол, акт түзүп өткөрүп беребиз.

Бизге күч органдарынан эч кандай колдоо болбой жатат. Браконьерликке каршы, жаратылышты, жаныбарлар, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эң жакшы мыйзамдар жазылган, бирок бул мыйзамдардын бирөө да аткарылбайт. Иш жүзүнө келгенде ар ким мыйзамды өзүнүн түшүн жооругандай эле өз пайдасына жооруп чечип коюп атышат.

“Азаттык”:
Биймырза Токторалиев мырза, көп мыйзам бузуучулук нерселер болуп атат деп айтабыз. Мамлекет, өкмөт деген бар да, анын бир өкүлү сизсиз, азыр ошондой мыйзам бузган аракеттер катталган фактылар барбы? Аны болтурбоонун кандай механизми бар? Агенттик кандай механизмдердин үстүндө иштеп атат?

Биймырза Токторалиев: Туура айтасыз, “уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы” дегендей көпчүлүк учурларда, Ысык-Көлдө, Нарында, түштүктө, жаңгак токойлорунда баары жалтырап атат деген ойдон алысмын. “Кой аксагы менен миң” дейт, кездешип жатат азыр. Балык, кийиктер, токойлорду кыркуу боюнча айталы.
Кызыл китеп деген мамлекеттин сыймыктана турган нерсеси эмес, бул уяла турган нерсе.


Эң негизгиси азыр биз агенттикте бир реформа, структуралык өзгөрүүлөрдү кылып атабыз. Кээ бир жерлерде акимчиликтен баштап тартип коргоо органдарына чейин коррупцияга аралашып алган, биринин ишин бири жаап, ошонун негизинде көпчүлүк элдерде азыр иренжүү пайда болуп атат, арызданып атышат.

Биз азыр өзгөчө отряддарды түзүп атабыз. Жакында эле эч кимге билдирбей, өзүбүз оперотряд түздүк эле, алар Жети-Өгүздүн тегерегинен бир аптанын ичинде эле 29 миң иск жасап келишти. Биз ойлойбуз, мекемелерге бөлүнүп, бири-бирине дал келбей жатат. Мисалы, Жаратылыш министрлиги өздөрү кенге уруксат, лицензия берет, анан өздөрү көзөмөлдөбөш керек. Аны биздин агенттик караш керек эле. Ошондой эле азыр балыктарды көзөмөлдөө айыл чарбасында ж.б. Ушул функцияларыбызды кайрадан кайтарып берип, биздин макамды жогорулатса, ошондо биз менен да эсептешет эле.

Биймырза Токторалиев
“Азаттык”: Сиздерде деле маалымат бар, Тянь-Шандагы Жетим-Тоону артыкчылыктуу тармактарынын тоо кендеринин катарына кошуп атышат. Ал жерде темир бар, бул Кыргызстандын экономикасына чоң пайда алып келет деп атышат. Ошол тоонун бир капталында корук бар эмеспи. Ал жерде дүйнө жүзүндө сейрек кездешчү жаныбарлар бар. Мисалы элик, илбирс бар. Камын көрүп атасыздарбы?

Биймырза Токторалиев: Былтыр февраль айында эл аралык эксперт катары Жетим-Тоого топ болуп барганбыз. Ошол мезгилде да кытайлыктарга, башкаларга лицензиянын биринен-бирине сатып отуруп, колдон колго өткөн экен. Биз барып эл менен сүйлөшкөндөн кийин чечкиндүү түрдө Жетим-Тоого тийбеш керек дедик. Сол жагындагы буферный зонабызда абдан сейрек кездешчү маралдар, бугулар, илбирстер бар. Андан тышкары кытайлыктар бузуп кеткен кыртыштын өзү бир нече миллиондогон айыптарга туура келиш керек эле. Биз айттык, Жетим-Тоону азыр сактап калыш керек, ал жердеги эң уникалдуу жаныбарлар, өсүмдүктөр кездешет. Мен эколог катары ушул кызматка келгенге чейин Нарынга барганда ушундай жыйынтык бердим эле.



“Азаттык”: Кыргызстанда сейрек учурай турган жан-жаныбарлар канча, алардын эсеби барбы, аларды коргоонун кандай чаралары бар? Сиз көз карандысыз эколог катары өзүңүздү көрсөтүп жүрөсүз го коомчулукта, анализ, талдоолор барбы ушул боюнча?

Биймырза Токторалиев: Союз убагында Кызыл китеп түзүлбөдү беле. Жакында Кыргызстанда да Кызыл китеп даярдалды. Ал жерде азайып, жоголуп бараткан жаныбар, өсүмдүктөр киргизилди. Өзгөчө Баткендеги Айгүл гүлү да киргизилген. Ал боюнча агенттик, экологдор тарабынан иш жүргүзүлүп атат.

“Азаттык”: Жапайы жаныбарлардын эсеби боюнча биз ушул эле суроону Жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк фонддун долбоорунда иштеп жаткан Фарида Балбакованын пикирин угалы.

Фарида Балбакова:
Тилекке каршы санак жүргүзүүгө шарт, каражат жок. Бирок жыл сайын мергенчиликке атайын лимиттер, квоталар бекитилет. Санактарды мергенчилик чарбалары жүргүзөт. Бирок алар адекваттуу эмес, аркар, кулжанын санын өзүнүн кызыкчылыгына көбүрөк кылып жазып коюшат. Алар көбүрөк лицензия алыш керек.

Мурда Союздун учурунда Илимдер академиясынын зоология институту жүргүзчү, алар чечим кабыл алышчу, “мынча аркар, мынча кулжа бар, мынчасын атса болот, калганына тийгенге болбойт” деп атайын лимит берилчү. Азыркы убакта мамлекет бул ишти каржылаганга казынада каражат жок деп, алар да жүрбөй калды. Азыр Ысык-Көлдүн сыртында 25 мергенчилик чарбасы бар, бул Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп, Тоңдун сырттары. Ушул жерде илбирс сакталып калган. Илбирстин жей турган тамагы аркар, кулжа, суур.

“Азаттык”: Кээ бир айылдарда карышкырлар үйгө чейин кирип келди деп атышат. Себеби кийиктерди эл жок кылып салып, карышкырдын жээр тамагы жок, аргасы жок келип атат деп атышат.

Фарида Балбакова: Туура, карышкырдын тамагын эл жеп салса, анан корооңо чейин келет да. Карышкырларга каршы атайын мергенчилик чарбаларына план берилет. Бирок, тилекке каршы, алар карышкырды гана атпай, башканы да атып атат. Көбүнчө мергенчилик чарбалар ок-дарынын тартыштыгына байланыштуу Ысык-Көлдүн сырттарында капкандарды коюшат.
Биз чуркаган бойдон эле жардан асып кеткендей, акыркы кыяматка кетип бараткандай эле сезилип атат.


“Азаттык”: Жапайы жаныбарлдарды коргоо үчүн биринчи кезекте мамлекет эмне кылыш керек?

Фарида Балбакова: Эң негизгиси катуу көзөмөл, жоопкерчилик болуш керек.

“Азаттык”: Кызыл китепке жазылгандардын саны барбы?

Фарида Балбакова: 85-жылдагы Кызыл китепте сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү болсо, азыр 53 түрү кирген. Куштарда 15 түр болсо, азыр 30тан ашык, өсүмдүктөрдөн 60 болсо, азыр 80ден ашык Кызыл китепке кирди. Кызыл китеп деген мамлекеттин сыймыктана турган нерсеси эмес, бул уяла турган нерсе. Кызыл китеп деген бул кызыл чек деген сөз.

“Азаттык”: Биймырза мырза, чын эле бул талылуу маселелерден го. Мисалы кийикти кадимки уй, кой сойгондой атып келип базарларда сатып, куурдак кууруп жеп, Бишкекке чейин келип атат.



“Азаттык”: Баткендик эколог да “адамдардын аң-сезимин оңдомоюнча жаратылышты коргоо, сактоо жөнүндө сөз кылыш бир жактуу болуп калат” деп айтып атат. Адамдардын аң-сезимин оңдоо багытында коомчулук, мисалы сиздерге окшогон аттуу-баштуу кишилер, мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар эмне салымын кошо алат?



Биймырза Токторалиев: Мен ушул багытта кошумчалап коеюн, биз союз убагында айтып жүрчү элек, төрөлгөндө, бала бакчадан башташ керек деп. Бирок мен ойлойм, үй-бүлөлүк тарбия жакшы болуп, үйдөн да үйрөтүш керек деп.

“Азаттык”: Сиз иштеген агенттик ушул багытта кандайдыр бир демилге, сунуштарды көтөрүп, долбоорлорду сунуштадыңыздарбы?
Карышкырдын тамагын эл жеп салса, анан корооңо чейин келет да. Карышкырларга каршы атайын мергенчилик чарбаларына план берилет. Бирок алар карышкырды гана атпай, башканы да атып атат.


Биймырза Токторалиев: Билим берүү жана илим министрлиги менен бир топ экологиялык билим берүүдө жыл сайын бир нече суммадагы акчаларды бөлөбүз, мектептеги окуучуларга, студенттерге, башкаларга экологиялык билим берүү багытында, аларды өрчүтүү боюнча иштерди жүргүзүп атабыз. Бирок бул да аз, чындап айтканда мамлекеттик деңгээлде жасаш керек. Башка мамлекеттерде айлана-чөйрөнү коргоо, экология, токой проблемалары эң орчундуу мекемелердин, же министрликтердин бири болуп эсептелет. Бардык министрликтер, агенттиктер ушуга тиешеси бар.

Аскар Салымбеков: Бир мисал, Кытайда бир даракты кыркып кетсе, анын ордуна бир нече дарак отургузуш керек.

Кайрат Молдошев: Биймырза агай туура айтып кетти, бала бакчадан, мектептен баштайбыз, стратегиялар бар, көп жогорку окуу жайларында экологдорду даярдоо боюнча кафедралар, факультеттер ачылган. Алардын кайда барып иштеши боюнча чындап айтканда маселе бар.

“Азаттык”: Рахмат. Сиздер айткандай, жаратылышты коргоо, табият темасы түгөнбөгөн тема. Мунун ар түрдүү көп багыттары бар. Бул теманы дагы көп жолу талкуулайбыз деген ишенич бар.

Парламент: этика күн тартибиндеби?

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолорунун» кезектеги чыгарылышы парламенттеги депутаттардын жүрүм-турумуна арналды.


Талкууга катышкандар:



Парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев








Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Курмантай Абдиев




Парламент: этика күн тартибиндеби? 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Курмантай мырза, бул парламенттин иштегенине аз эле болду. Бирок ошого карабастан коомдо депутаттардын жүрүм-туруму боюнча ар кандай ача пикирлер жаралып, кызуу талкуулар жүрүп жатат. Сиздердин комитетте ушуга чейин айрым депутаттарга кандайдыр бир эскертүүлөр болдубу?

Курмантай Абдиев: Массалык маалымат каражаттарында депутаттарыбыздын үстүнөн бир топ сөздөр болуп атат, бул – факт. Биздин комитетке да кайрылуулар болду. Азыркы убакта комитеттин кароосунда 2-3 кайрылуу бар, анын үстүнөн иш жүргүзүп атабыз.
Адам деген баскан-турганы менен, кийими менен, сүйлөгөн сөзү менен өзүн ким экенин, маданиятын көрсөтөт, ошондой тарбия берет.


Бул жерде бир нерсеге токтолгум келет, депутаттар мамлекетибиздин жарандары, депутаттык күбөлүк чөнтөгүнө түшүп, көкүрөгүнө төш белги илингенден кийин депутат деген атка ээ болуп, ошол эле күнү башкача жүрүм-турумда болуп калат деген ойдон мен оолакмын. Депутаттар тарабынан кетирилген катачылыктар, жалпы эле жарандар тарабынан кеткен катачылыктар орун алат деп ойлойм. Бирок депутаттардын ишине байланыштуу өздөрүнө таандык жүрүм-турум болуш керек.

“Азаттык”: Мукар мырза, сиз мурдагы төрага катары азыркы парламентте иштеп жаткан адамдардын деңгээлин кандайча баалайсыз?

Мукар Чолпонбаев: Ар бир улутту, элди ошолордун башкаруучулары, алардын өкүлдөрү аркылуу кандай экенине бардык адамдар баа берет. Курмантай Абдиевич “бүгүнкү биздин депутаттар кечээ эле элдин арасынан чыгып келе калды эле, бүгүн аларда эмне өзгөчөлүк болуп калды” деп айтып кетти. Курмантай, бул менин көз карашымда өтө чоң кемчилик. Эгер депутат болууга, элдин жүзү болууга, элдин маанайын көрсөтүүгө өзүн жарактуумун деп даярданып алып келбесе, анан көчөдөн келе калып парламентке отура калып, “эми мени тарбиялагыла, өстүргүлө” десе, Кыргызстан канчанга чейин өсөт? Эгерде андай даярдыгы жок болсо, анда бул кызматка келбей эле койбойбу, элдин баарын уят кылбай эле койбойбу.

Экинчиден, парламентаризм дегендин жаратылышы ушундай болот экен, имараттын ичинде ар кандай ой пикирлер айтылыш керек, өйдөсү да, ылдыйы да, чоң чыр-чатактардын бардыгы имараттын ичинде чечилип кетсе, анда чыр көчөгө чыкпайт, эч жерде кан төгүлбөйт, карама-каршылык, массалык укук бузуулар болбойт. Ошондуктан парламенттин ичинде болуп аткан кармаштарга эки тараптуу мамиле кылыш керек.

Эгерде парламенттин ичинде депутаттар чындыгында эле маданияттуу түрдө өздөрүнүн көз караштарын ачык, орой формага алып келбей айта турган болсо, мындай нерсени өтө баалап, сый менен кабыл алышыбыз керек. Ушундайлар буга чейин болуп эле келген. Эгерде парламенттин имаратына кирип алып, мамлекеттин, элдин жүзү боло турган жерге келгенде өзүн көчөдөгүдөй алып жүрө турган болсо бул моралдык бир дагы этикага сыйбай турган нерсе.

Сурак менен суроо узатуунун айырмасы

“Азаттык”: Сиз айтып жатпайсызбы, чындап эле парламенттин табияты ушул, ал жакта талкуулар болуш керек, кызыл чеке болуп талашыш керек. Бирок сиз азыр орой мамилени көрүп жатасызбы?

Мукар Чолпонбаев: Орой мамилелер болуп атканын көрүп жатам, толук кандуу иштей албай атат. Парламенттин азыр иштей турган өтө көп жумуштары бар. Анткени жаңы Конституцияны кабыл алдык деп атат, жаңы Конституция менен мурдагынын айырмасы бар, мыйзамдар бири-бирине туура келбейт. Өзгөчө бюджетти, мына февраль айы болду, эмдигиче толуктап бүтүшө элек.
Адам болгондон кийин ар кандай позада отуруп калат экен, ошону тартып алып эле кайра-кайра көрсөтө бергенден элге таалим-тарбия бере албайбыз.


Депутаттар мыйзам чыгаргандын ордуна комитеттерде отуруп алып, тиги жакты, бул жакты угуп, анан коомдук уюмдар менен кайым айтышып, каршылашып отургандарынын бардыгы тең карап отурган шайлоочуларга тарбиялык жакшы маанай берүүнүн ордуна, кайра “силер деле бизге теңелсеңер ушинтип кармаша берсеңер болот” дегендей нерсе болуп атат.

“Азаттык”: Бул жерде Мукар мырза бир нерсени айтып кетти, жаңы эле эки министр кызматынан чегинди. Ал жакта расмий түрдө айтылбаса да “биз комитетте айрым депутаттар менен иштеше албай койдук” деп айтылып кетти, Каржы министри да. Бул министрлерди эмне себептен кагып-силкүү болуп атат, сиздин оюңузча?

Курмантай Абдиев: Мен бул суроого жооп берерден мурда, Мукар Шалтаковичке реплика катары кайрылгым келет. Азыркы депутаттар көчөдөн келди деп айткан ойдон оолакмын, эл арасынан келди. Эл арасында айрым айтылып жүргөн сөздөр, азыр депутаттык залда отуруп айтууга туура эмес деп кабыл алынган учурларды кездештирип атабыз. Буга бир аз убакыт керек деп ойлойм.

Элдин ысык-суугун билген, туйган, сезген, ошолорду коргоп бере турган, алардын кызыкчылыгы үчүн күйө турган депутаттар келди деп айта алам. Бир аз убакыт керек. Алардын сөзүн иреттеп сүйлөбөгөн учурлар бир аз болуп атканын мен мойнума алам.

Кийинки сурооңузга жооп берсем, эки министр кандай себеп менен кеткенин мен ачык айта албайм. Интернет булагына кайрылсам, каржы министри азыркы абалдан өкмөттүн талабын так аткарып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк табалбай, ошондон улам кеткен болуш керек деген ойлорду окудум.

“Азаттык”: Конкреттүү мисалдарга кайрылсак, “бөрү баласы ит болбойт” деген сөз аябай кызуу талкууну жаратты. Сиз ушуга комитеттин жетекчиси катары кандай пикирдесиз?
Кара деп көнүп калган киши кара деп эле айта берет. Баштагы 90 депутат кандай иштесе азыркылар деле ошондой иштеп атат деши мүмкүн.


Курмантай Абдиев: Бул эл арасында кеңири таралып, айтылып жүргөн сөз. Биздин арабызда да бул боюнча кызуу талкуу болду, фракцияда да сөз болуптур, комитетте биз өзүбүз да талкууладык. Ал кызыбыз менин орун басарым. Ал жерде оркойгон катачылыкты көргөн жокпуз. Бирок бул макал тууралуу эки ача ой пикирлер бар. Аны менен бирөөнүн аброюна шек келди деп айталбайм. Бирок бул маселеге чекит коюла элек азырынча, жыйынтыгы менен эскертүү берилиши мүмкүн. Көпчүлүктүн алдында кечирим суроо деген жазабыз бар. Эгер ага макул болбосо, төрага расмий түрдө жарыя кылат, парламенттин алдында жалпыга “мындай катачылык кеткен, ушунун катасы бар” деп угузат.

“Азаттык”: Ушул сөздөр айтылыш керек беле, эгер сиз спикер болсоңуз кандай чара көрмөксүз?

Мукар Чолпонбаев: Өзбек улутуна карата айткан туура болбойт. Баарыбыз Кыргызстанда жашап аткандан кийин, Кыргызстандын жалпы эли болгондон кийин, өзгөчө кыргыз улуту менен өзбек улуту менин көз карашымда көбүнесе Убактылуу өкмөттүн күнөөсүнүн негизинде ушунчалык абалга жеткирилгенден кийин, курчуткан сөздөрдү айтыштын өзү туура эмес.

Бул жөнөкөй одоно мамиле эмес. Эгерде чындап эле улут аралык сөздөрдө, улут аралык мамилелерде бир улутту басынтуу үчүн жанагындай сөз айтыла турган болсо бул – чагым. Мындай нерселерди кылмыш жообуна тартыш керек. Жеке эле бул моралдык жоопкерчилик эмес. Анткени муну менен башка улуттар да өздөрүнө кабыл алышы мүмкүн, “мен Кыргызстанда жүз миң жыл жашап, кыргыздар менен кыз алышып, кыз беришип жүрсөм да баары бир мени бөлөт турбайбы” деген ой бардыгынын жүрөгүндө калат. Ошондуктан мындай сөздөрдү саясатта жүргөн адамдар байкап сүйлөшү керек.

Парламент: этика күн тартибиндеби? 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Июнь окуяларын иликтөө боюнча комиссия маалымат берип атканда, депутаттардын эң негизги функциясы маалымат алуу да, аны Текебаев мырза да сурак болуп кетти дейт. Ошондой сөздөргө сиз макулсузбу?

Курмантай Абдиев: Ар бир айтылган сөздү он адам болсо он түрдүү кабыл алышы мүмкүн, аң-сезиминин деңгээли, билиминин бары-жогу, ой жүгүртүүсү бир топ аспектилерге байланыштуу болот. Жөнөкөй эле айтылган сөздү ар бир адам башка-башка кабыл алат.

Ал жерде сурак жүрдү дегенге мен кошулалбайм. Биз координациялык кеңеште ушундай бүтүмгө келгенбиз, талкууга чыкпайбыз, айрым маселелерди тактоо иретинде суроо бергенге мүмкүн деп кол көтөрүп, ошого макул эткенбиз. Суроо менен гана чектелишти, эми суроо ар кандай болот. Бул жерден деле бир топ ыңгайсыз суроолорду угуп атпайбызбы, ошондой суроолор ал жерде да айтылышы мүмкүн. Бирок айрым учурларда ал суроолор тактоо иретинде берилди.
Ар бир улутту, элди ошолордун башкаруучулары, алардын өкүлдөрү аркылуу кандай экенине бардык адамдар баа берет.


Макалды да жөнөкөй эле турган кишиге келип эле “бөрү баласы ит болбойт” деп бетине айтса, албетте муну одоно кабыл алсак болот. Ал эми ал сөз кандай жагдайда айтылды, анын артында эмнелер турат, муну да эске алышыбыз керек. Айтылган нерсеге ар тараптуу карап көрүшүбүз керек.

Кесиптешим Мукар Шалтаковичке реплика катары кайрылгым келет, азыркы парламент ойдогудай болду деп айтуу азырынча кыйын, иш баштаганыбызга толук кандуу бир айдын тегереги болду деп айта алам. Эми мындан ары бир топ алгылыктуу иштер болот, бүгүн эле координациялык кеңеш өткөрдүк, февраль айынын күн тартибин бекитип алдык, эгер аптасына эки жолу жыйын өткөрө турган болсок, үчүнчү күндү да алып атабыз, азыр үч күн жыйын өткөрүп, мыйзамды кабыл алууну ыкчамдатып берели деп.

Негизи адамдын табияты ушундай болот, өткөн чакка көбүрөөк ыраазы болуп, биздин убакта мындай эле деген ата-бабадан калган салт бар, азыркы мезгил балким жакпай калышы мүмкүн.

“Мурда келген кийинкини жактырбайт”

“Азаттык”: Сиздин убактыңызда кандай эле, кандай айырмачылыктар бар?

Курмантай Абдиев: Ал мезгил менен азыркы убакыттын бир топ айырмасы бар, депутаттардын курамында да айырма бар, коомубуздагы айырма да бир топ болуп атат. Ошонун баарын эске алып, баа бергенибиз туура болот го деген ойду айткым келип атат.

“Азаттык”: Сиз кошуласызбы ушул сөздөргө?
Эгерде чындап эле улут аралык сөздөрдө, улут аралык мамилелерде бир улутту басынтуу үчүн жанагындай сөз айтыла турган болсо бул – чагым.


Мукар Чолпонбаев: Сиз жакшы айтып кеттиңиз, кандай баа бере аласыз деп. Чынын айтыш керек, мен Жогорку Кеңештин аппаратында 84-жылдан баштап иштедим, Жогорку Кеңеш деген кандай экенин көрүп калдым.

Курмантай айтып атпайбы, мурункулардын баары кийинкилерди жактырбай атат деп. Жашына деле карайлычы, Жогорку Кеңеш 70 жыл иштеди, Акаевдин бийлиги 15 жыл, Бакиевдики 5 жыл иштеди. Эми булардын бийлиги канча иштерине менин көзүм жетпей калды.

“Азаттык”: Негизги айырмачылыктары эмнеде болуп атат?

Мукар Чолпонбаев: Айырмачылыктары – улам кийинки келатканы кийинкисинен начар.

“Азаттык”: Эмне себептен ошондой болуп атат? Сиз “бул парламенттик система болгондуктан ар кандай адамдар келип калды, баары электен өтпөй” деп бир жүйөнү айтып кеттиңиз.

Мукар Чолпонбаев: Парламенттик система болгондуктан гана мындай келип калган деген сөз туура эмес. Биз парламенттик классикалык формада 70 жыл жашадык. Бирок бир партиялуу система болду. Азыр шайлоодо сиз айтып атасыз, баары тандалып, шайланып келди деп. Биз кайсы депутатты шайланып келди деп айтабыз? Эл партияга, партиянын жетекчисине, анын программасына добуш берди. Тизмеде калгандарынын ким экенин ким билди?

Жоопкерчиликти фракциянын жетекчиси өзүнө алып атат, алганда да мунун эки оор жагы болуп атат. Эгерде чындап эле алып келген депутаты ишеничти актай албай калса, шайлоочулардын, партиянын ишеничин актай албай калса ал фракциядан чыгарып жиберүүгө укугу бар, фракциядан чыккандан кийин ал депутаттык мандатын жоготот. Кепилдик гана? Мисалы өзүнүн акыл-эси менен, балким фракциянын төрагасына барганда жогору туруп калат, көз карашы башка болуп калат, көз карашы эл менен бир болуп калат. Мына ушул кезде да депутаттык мандатынан ажырап калышы мүмкүн. Мына ошондуктан азыр депутаттардыкы бир канча оор эле маселеде турат.

“Азаттык”: Курмантай мырза, сиз “азыркы депутаттардын жүрүм-туруму жакшы эле, көч бара-бара түзүлөт” деп айтып атасыз. Бирок сиздин комитетиңиз кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп атат? Азыр сиз кандай кемчиликтерди көрүп жатасыз жана эмне менен иш алып барасыздар?

Курмантай Абдиев: Негизинен депутаттардын парламенттеги жүрүм-турумуна байланыштуу кайрылуулар биздин карамагыбызда болот экен.

“Азаттык”: Бирок сиздер актоо иретинде түзүлгөндөй сезим калып атат.

Курмантай Абдиев: Эгер бир нерсени жамандай берсе ал жакшы болуп калышы мүмкүн эмес. Эмне себептен эл ушундай ойдо болуп атат? Кандайдыр бир деңгээлде Мукар Шалтакович кесиптешиме да кайрылгым келет, көрүнүктүү саясатчылардын бири деп эсептейм.
Элдин ысык-суугун билген, туйган, сезген, ошолорду коргоп бере турган, алардын кызыкчылыгы үчүн күйө турган депутаттар келди деп айта алам.


Азыр парламенттик башкаруу болгондон кийин биз жаңы Конституцияны кабыл алдык, ММКлар да бардыгы жапа тырмак көмөк көрсөтүшү керек. Эгер элге ошону жеткирип, парламенттик бийликке келдик, коңшулаш мамлекеттердин арасынан жалгыз биз ушуга умтулуп чыктык, баштагы президенттик башкаруу бизди актаган жок, бизди жакшылыкка алып барган жок, туңгуюкка келдик, эми муну кичине колдойлу деген үн укпай атабыз. Биринчи күндөн баштап караламай, көөлөмөй болуп атат. Жамандай бергенден жакшы болуп калбайт эч нерсе, жок дей бергенден бар болуп калбайт. Элди үгүттөп, көмөк көрсөтөлү, ушул башкаруу менен туңгуюктан жапа тырмак чыгалы деген ойду айткандын ордуна биринчи күндөн баштап, эртең-бүрсүгүнү төңкөрүшкө кайрадан жакындап кетип атабыз, кыйратып койгон жок деп тура берсек жакшы болбойт.

Депутаттын жоопкерчилги

“Азаттык”: Жүрүм-турумга негизсиз эле асылып атышат деп ойлойсузбу?

Курмантай Абдиев: Негизсиз деп айта албайм. Балким бардыр, бар. Айтып атам го, баштагы жөнөкөй эле айтылган бир макал чоң проблемага айланып, саясатташып кетти.

“Азаттык”: Азыр депутаттар элдин назарында турат, аларды биз сындабашыбыз керек, убакыт беришибиз керек деген жүйөлөргө макулсузбу?

Мукар Чолпонбаев: Мен мындайга макул эмесмин. Мен башында эле айтып кеттим, бийликке барам деген адам өзүн психологиялык, моралдык жактан даярмын деп эсептеши керек. Даяр эмесмин, барган жерден үйрөнүп алам деген башкаруучу башкаруучу эмес да.

“Азаттык”: Коомдук пикирден коркуу барбы? Мисалы “бөрү баласы ит болбойт” деп айтып атпайбы, андан тышкары Анвар Артыков Текебаев менен кер-мур айтышып кетпедиби, ошол да аябай кеңири талкууга алынды, депутаттар өздөрү түшүнүшөбү ошону, же болбосо “жок, эл бизди туура эмес түшүнөт” деп эле жүрүшөбү?
Эл партияга, партиянын жетекчисине, анын программасына добуш берди. Тизмеде калгандарынын ким экенин ким билди?


Мукар Чолпонбаев: Мен айтып кетпедимби, депутаттын мандаты императивный деп, Конституцияга жазып койгону менен булар бир партиянын жетекчисине гана баш ийип атпайбы. Ошого байланыштуу депутаттар азыр шайлоочуларга көз каранды эмес. Ошондуктан шайлоочуларда кандай ой-пикир түзүлөт, бул аларды кызыктырган жок, менин көз карашымда. Ошондуктан ушундай көп нерсе болуп атат. Эгерде ар бир депутат ошол шайлоочулардын алдына барып, отчет берип, мындай сүйлөгөнү туура болду, туура эмес болуп калды деп айта турган болсо, анда ушундай сөздөрдү сүйлөгөндөн тартынат эле.

“Азаттык”: Депутаттардын айткан сөздөрүнөн коом кандай жапа чегет?

Мукар Чолпонбаев: Анын өзүнүн ыйгарым укугу болуп атпайбы, мыйзам чыгарып атат, чечим кабыл алып атат. Ошол чечим, мыйзамы чындап эле элдин мүдөөсүн толук аткарбай турган болсо бул өтө чоң зыянды алып келет.

Биринчиден, парламент саясат жүргүзөт, саясатты мыйзам чыгаруу менен жүргүзөт. Социалдык, экономикалык абалды же өнүктүрөт, же ага тоскоолдук кылат, тормоз берет. Мына ошол абалды туура түшүнүш керек.

Экинчиден, өзгөчө жаштарга депутаттардын баскан-тургандарынын баары сыналгы аркылуу көрүнүп турат. Өзгөчө жаштар азыркы депутаттарга нааразы болуп атат. Үчүнчүдөн, депутаттар жеке эле парламенттин ичинде болуп аткан жок да, депутат кафеге, ресторанга барат, көчөдө жүрөт, унаа менен жүрөт. Мен өзүм да унаа айдайм, бүгүнкү күндө KG деген унааларды МАИ токтоткон жок, жол эрежесин кароо деген жок, жеке эле депутат эмес, анын айдоочусу да ошондой кылып атат.

Парламент: этика күн тартибиндеби? 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Бүгүн эле мен кагаз алдым. Тербишалиев Данияр деген кайрылыптыр, KG номурлуу унаалардын айынан эки жылдын ичинде 40ка жакын авария болгон, жол эрежесин бузуп деген. Ушул суроо комитетте каралабы, мисалы KG номерлерин иретке келтирүү боюнча?

Курмантай Абдиев: Маалыматтарды кайсы жактан алганы, анын канчалык деңгээлде чын-төгүнү бар экенин азыр айтуу кыйын. Себеби эки унаа кагылышса, жабырлануучу тарап KG болушу деле мүмкүн. Бирок сводкага KG номер менен түшөт, ошонун баарын эле ушулар катышып, жол кырсыгына кабылган экен деп айтыш туура эмес деп ойлойм.

Унаанын, номурдун, турак-жайлардын тегерегинде көп сөздөр болуп атат. Бир топ депутаттарыбыз өздөрүнүн турак-жайлары бар, жашап атышат, эгер Баткенден, Нарындан, алыскы облустардан келип турак-жайы жок болсо, биз камсыз кылып, ага шарт түзүп беришибиз керек.

Экинчиден, жалпы саны 60ка жетпеген унаалар азыр кызмат кылып атат, фракцияларга бөлүнүп берилген, ал унаалар муктаж депутаттарга берилди. Ал эми депутаттардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн менчик унаалары менен жүрүп атат. Бирок алар суранып атат, айдоочунун эмгек маянасы төлөнүп берилсе, анан күйүүчү майдан жардам берсе деп. Жалпы бардыгы “Кэмри” деген унаа экен, ошонун нормасындагы күйүүчү май төлөнүп берилсе деп атышат. Ал эми ремонтунун бардык чыгымын өздөрүнүн мойнуна алып атат, менчик унаасын пайдаланып атат. Буга окшогон нерсени колдошубуз керек. Бардыгы эле жапа тырмак бизге унаа бергиле деген жок, түшүнүп атышат алар да.

“Азаттык”: Бирок бир дагы расмий документ жок, кимге берилди, канча унаа берилди, же берилген жок деген.

Курмантай Абдиев: Расмий документ бар-жогун мен азыр айта албайм. Биз азыр суроонун тегерегинен бир аз четтегендей болуп турабыз. Бирок факты, мен билем, 60тан ашык депутат азыр менчик унаалары менен жүрүп атат.

“Азаттык”: Мурда кандай эле?
Биринчи күндөн баштап караламай, көөлөмөй болуп атат. Жамандай бергенден жакшы болуп калбайт эч нерсе, жок дей бергенден бар болуп калбайт.


Курмантай Абдиев: Башында 90 депутаттын бардыгы кызматтык унаа менен жүрүшкөн экен.

“Азаттык”: Анда эмне себептен ушул сөздөр чыгып кетти, биз унаа, турак-жай албайбыз деген?

Курмантай Абдиев: Дагы кайталап айтам, “ийри терек түз болбойт” деп коет. Тескери сүйлөп көнгөн кишини миң окутканда да түздөлбөйт ал. Муну көрүп эле жүрөм.

“Азаттык”: Сиз ким жөнүндө айтып атасыз?

Курмантай Абдиев: Кара деп көнүп калган киши кара деп эле айта берет. Баштагы 90 депутат кандай иштесе азыркылар деле ошондой иштеп атат деши мүмкүн. Мен азыркы депутаттарды каралагандан оолакмын. Комитеттин төрагасы катары мен айрым фактыларды айтып, макул этпешим да мүмкүн эле, азырынча колдоо керек.

“Азаттык”: Сиз актап атасыз.

Курмантай Абдиев: Актоонун үстүндө болуп атам, себеби оркойгон катачылыкты көрө элекмин.

Калктын назарында

“Азаттык”: “Фейсбук” деген социалдык тармакты билесиздер, жаштар отурат. Жүрүм-туруму боюнча эки суроо келди: депутаттар эмне себептен жыйындарда укташат, андан тышкары эмне себептен орусча сүйлөшөт деген.

Мукар Чолпонбаев: Каралып аткан маселеге көңүл бурбаса, ошонун мазмунун түшүнбөсө уйкусу келет. Бул көрүнүп турган нерсе. Мунун баары баштан өткөн. Демек ал уктап аткан депутат каралып аткан маселеге көңүл бурган жок, көңүл бурбагандан кийин ал чечим кабыл алалбайт.

“Азаттык”: Азыр сиз байкайсызбы, эртең ушул суроо талкууланат дегенде депутаттар даярданып келишеби?

Мукар Чолпонбаев: Баары даярданбайт.

Курмантай Абдиев: Мен аракет кылып көрөйүнчү ушул суроого жооп бергенге, анткени ал жерде отурам да.
Бүгүнкү күндө KG деген унааларды МАИ токтоткон жок, жол эрежесин кароо деген жок, жеке эле депутат эмес, анын айдоочусу да ошондой кылып атат.


Мукар Чолпонбаев: Мен бул жерде бир нерсе айтып кетким келип атат, Курмантай “азыркы парламентке ыраазымын, ошон үчүн азыр бизди сындабай кое тургула” деп айтып атпайбы. “Бөрү баласы ит болбойт” деп бул жактан айтып кетсе, өзбектерге баары тиешелүү деди. Мен жалпы элге айтаар элем, ар бир элдин өзүнүн бөрүсү бар, ити бар. Биздин парламентте бүт бойдон жаңы адамдар келсе, анда мен Курмантай Абдитевичтин айтканына толук макул болот элем, даярдыгыбыз жок дегенине. Ал эми азыркы парламентте баягы эле Акаевдин, Бакиевдин учурунда жаман атты болгондор келди. Ал аз келгенсип, өздөрү дайындаган өкмөткө ошолорду алып барып атпайбы. Ошону көрүп туруп бул парламентке кантип эл ыраазы болот?

Иштегенге мүмкүнчүлүк бергиле дейт. Иштегенге мүмкүнчүлүк берели, тийишпейли, сындабайлы, колдон келишинче жардам берели, адегенде өзүңөр тазалангылачы. Мейли, депутаттыкка өтүп кетти, ал партиялык тизме менен келди, ал боюнча айтпайлы, өкмөттү карап койбойсуңарбы.

Курмантай Абдиев: Өткөндү чукуй берсек көп нерсе чыгышы мүмкүн. Мен өткөнгө азыр кайрылгым келбейт. Алдыга карап жашасак жакшы болот эле деген ойду айткым келет. Акаев менен Бакиевдин убагында деген сөз бул биз үчүн модалуу түрдө гана айтылган сөз деп эсептейм. Анткени анын убагында бардыгыбыз иштедик, себеби иштешибиз керек эле, окудук, бир нерсеге жетели деп аракет кылдык, кесипкөй болдук. Ошол мезгилде иштеп калганыбызга бир топ кызматкерлердин күнөөсү жок.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз да иштедиңиз да.

Курмантай Абдиев: Иштеди да, сонун иштеди. Мукар Шалтакович Жогорку Кеңеште кандай иштегенин азыр экранды көрүп отурган жалпы шайлоочулары да, Кыргызстандын эли да жакшы билет. Бирок дагы кайталап айтам, ММКларга да өткөндө кайрылдым, азырынча депутаттын тырмагын чукулап атканын көрсөтө бербей, активдүү сүйлөп атканды көрсөткөнгө аракет кылып койгулачы деп. Адам болгондон кийин ар кандай позада отуруп калат экен, ошону тартып алып эле кайра-кайра көрсөтө бергенден элге таалим-тарбия бере албайбыз. Андан көрө активдүү катышып аткан депутаттардын, алардын ой-пикирлерин көрсөтсө. Депутаттар ушунчалык активдүү катышып атат. Шайлоочулардын алдында жооп бербейт дегенге да кошулгум келбейт. 10-январга чейин каникул болду эле, бардыгыбыз шайлоочулар менен жолугуп келдик.

“Азаттык”: Бардык депутаттар элге чыкканынан күмөн санайм.

Курмантай Абдиев: Бардыгы. Себеби мугалимдердин проблемасы көтөрүлбөдүбү. Бүт региондорго барып мугалимдер менен жолугушуу болду.

“Азаттык”: Демек сиздин оюңузча массалык маалымат каражаттары депутаттар жөнүндө ошондой элес калтырып жатышабы?

Курмантай Абдиев: Бардыгы деп айта албайм. Антип сөздү бурмалагандан оолакмын. Бирок бири-бирибизге көмөк көрсөтүп, ММКларды биз жакшылашыбыз керек. Мен ачык эле айтып жүрөм, эмне себептен Кытайдын программасында фермелерди көрсөтөт, биздин программаны карасаң саясат менен артисттерди көрүп отурабыз. Азыр Мукар Шалтакович экөөбүз аркы-беркини айтып отурганыбыздын элге таалим-тарбиясы бар деп айта албайм.

“Азаттык”: Сиз айтып атпайсызбы, ММКлар депутаттарды ошондой кылып көрсөтүп коет деп. Мисалы Анвар Артыков менен Өмүрбек Текебаевдин айтышы, ошондой эле “бөрү баласы ит болбойт” деген, дагы башка учурлар болуп кетти. Ошол боюнча эскертүү берилсе, кандайдыр бир чаралар көрүлсө ММКлар да чаралар көрүлөт экен деп чыгышмак. Сиз актап жатып алгандан башка сезимдер жаралып жатпайбы.
“Ийри терек түз болбойт” деп коет. Тескери сүйлөп көнгөн кишини миң окутканда да түздөлбөйт ал.


Курмантай Абдиев: Биз иликтөөнүн аягына чыга элекпиз деп айтпадымбы. Иликтөөнүн аягына чыккандан кийин муну массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткиргенге аракет кылабыз. Себеби парламенттин табияты ушундай экен, эл билиш керек, парламентте эч нерсени жаап-жашырууга болбойт. Ал жерди демократиянын мектеби деп айтып койсо да болот. Ал жерде ой-пикир айтылат экен. Бирок жүрүм-турумду, айтылган сөздөрдү, электеп анан айтканга акырындап барып үйрөтөбүз деген ойду айткым келет.

“Азаттык”: Мукар мырза, жүрүм-турумду кантип оңдосо болот, механизмдер барбы, ушул комитет кандай иштерди алып барыш керек? Депутаттарда жакшы жүрүм-турум болсо, балким бул комитеттин кереги жоктур?

Мукар Чолпонбаев: Бул комитет өтө керек. Курмантай Абдиев башында айтып кетпедиби, булардын комитети жеке эле парламенттеги депутаттардын арасындагы этиканы жүргүзө турган комитет эмес, булар жалпы мамлекеттик кызматчылар жөнүндө болуп аткандыктан бул жеке эле депутаттарга тийиштүү эмес, бул бүт мамлекеттик башкаруу системасында иштеп аткан чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө болуп жатат.

Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер кичинесинен эң чоңуна чейин даярдык менен келиш керек. Депутат деген өтө жогорку бийлик. Жетип алгандан кийин өзүн-өзү түздөшү керек. Адам деген баскан-турганы менен, кийими менен, сүйлөгөн сөзү менен өзүн ким экенин, маданиятын көрсөтөт, ошондой тарбия берет. Ошону сезиши керек.

Курмантай Абдиевич азыркы берүүнүн пайдасы жок дейт, биздин экөөбүздүн сөзүбүздү көп киши угуп атат, мунун тарбиялык мааниси бар экенин биздин мамлекеттик кызматкерлер түшүнүш керек. Алар элдин жүзү. Элди, бизди, Кыргызстанды башка элдерге ошол кишилер аркылуу тааный турганын, кийинки өсүп аткан жаштарыбыз биздин жетекчилерибизди, чиновниктерибизди карап туруп, тарбия алып, ошону менен өсө турганын биз эч качан унутпашыбыз керек.

Курмантай Абдиев: Өнүккөн мамлекеттерде да парламентинде кырдуу бычак болуп бири-бирине муш көтөргөн фактыларды билебиз, Жапонияда, Украинада, Орусияда. Кудайга шүгүр бизде андай болгон жок деп айтам, болбойт дагы.

“Азаттык”: Программага келип бири-бирине түкүргөндөрчү?

Курмантай Абдиев: Кээ бир сөздөр ашыкча айтылып калса, анын бардыгын түздөйбүз деген ой бар.

“Азаттык”: Рахмат.

Жээнбеков: Президенттин чыгымдарына көп акча сарпталууда

"Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештеги жыйында президенттин милдеттери кыскарганына карабастан, президентке жана анын администрациясына сарпталган чыгымдар көбөйгөнүн айтып, президенттик администрацияга үлөштүрүлгөн каражатты кыскартуу зарыл экенин белгиледи. Депутат Равшан Жээнбеков мындай демилгенин көтөрүлүш себептери жана негиздери тууралуу “Азаттыкка” кеп салып берди.

Жээнбеков: Жаңы Конституцияга ылайык, президент негизинен бир гана коопсуздук маселеси менен иштейт. Мурдагы президенттин ыйгарым укуктарынан азыркы күндө ашып кетсе он-он беш пайызы гана президентте калып жатат. Ошого карабастан өткөн жылы президенттин ишмердүүлүгүнө 606 миллион сомдун тегерегинде акча кеткен болсо, бул жылы 829 миллион сом мамлекеттик бюджеттен каралып жатат.

Жаңы Конституциянын негизинде биз парламенттик мамлекет болгондон кийин президенттин ишмердүүлүгүнө жана анын аппаратын кармоого мамлекеттин бюджетинен мынча акча кароого эч кандай зарылчылык жок.

"Азаттык": Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар парламенттин бюджети да аз эмес экенин айтып жатышпайбы. Депутаттар бюджет таңсыктыгына байланыштуу акчаны үнөмдөө үчүн өзүңүздөр кандай конкреттүү чараларды көрдүңүздөр?

Жээнбеков: Бейөкмөт уюмдар болобу, же болбосо эксперттер болобу парламенттин бюджетинин чыгашасы көбөйүп атат деген сөздөрүнүн чындыгы бар. Азыркы күндө жаңы бюджеттин негизинде парламентке 416 миллион сомдун тегерегинде акча каралган. Бул да, чынын айтышыбыз керек, парламентти кармоого аябагандай көп акча деп айтсак болот. Мамлекеттин чыгашасын азайтышыбыз керек. Анын үстүнө биз мамлекттик кызматкерлердин иштөө эффективдүүлүгүн жогорулаталы деген сунушубузду берип келе жатабыз.

"Азаттык": Сунуштар айтылып эле келе жатат. Ал эми иш жүзүндө эмне иш-аракеттер жасалды? Мисалы сиз өзүңүз унаадан, үйдөн баш тарттыңызбы?

Жээнбеков: Биз башынан эле “Ата Мекен” партиясы батирлерди албайбыз деп идея көтөргөнбүз. Азыркы күндө биздин фракциядан төрт гана депутат мамлекеттик үйгө ээ. Биз ар бир депутаттын бир гана жардамчысы болсун деп сунуш бергенбиз. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк коалициянын ар бир депутаттын экиден жардамчысы болуш керек деген сунушу колдоого алынып калды. Андан тышкары биз эки депутатты бир машине тейлесин деген сунушту айтканбыз, биз бул позицияны аягына чейин карманабыз.

"Азаттык": Президенттик администрацияга сарпталган акчаны кыскартуу демилгесине кайрылсак. Апрелдеги ыңкылаптын алдында “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери Роза Отунбаева менен бирге санаалаш болуп, ыңкылапты бирге жасаганы маалым. Бирок соңку мезгилде президент менен фракциянын ортосун "кара мышык" аралап кетип, мамилелери сууп калды деп айтылып жатат. Анан сиздер көтөрүп жаткан президенттин бюджеттин кыскартуу демилгесин президентке кыр көрсөтүү аракети катары бааласа болобу?

Жээнбеков: Жок. Мен жалпысынан биздин фракция, анын жетекчиси Текебаев менен президенттин мамилеси жакшы экендигин билем. Ал коомчулук тарабынан деле бир топ көрүнүп турат. Бирок чындыкты убагында айтпасак туура эмес болуп калат. Ошондуктан мен өзүмдүн позициям катарында айтып жатам.

Азыркы күндө президенттин жасап аткан ишине жараша мамлекеттин ага берген чыгымы бул бири-бирине туура келбеген нерсе. Ошондуктан биз өз убагында чындыкты айтып, эгер туура эмес болсо туура эмес деп айтышыбыз керек. Бул бир гана президентке гана эмес, бул Жогорку Кеңешке да, өкмөткө да тиешелүү.

"Азаттык": Жакында эле президент Роза Отунбаева мамлекеттик "Кабарлар" радиосуна курган маегинде өзүнүн, премьер-министрдин жана парламент төрагасынын айлык маянасы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, алар отуз миң сомдун тегерегинде айлык алышат экен. Сиз ушуга ишенесизби?

Жээнбеков: Биз Жогорку Кеңеште бул маселени талкуулаганбыз. Парламентте атайын ушул айлык акылар боюнча изилдөө жүргүзгөн комиссиянын башчысы Мыктыбек Абдылдаевдин алган маалыматына таяна турган болсок, президенттин айлыгы бүгүнкү күндө отуз миң сом эмес, сексен, жүз миң сомдун тегерегин түзөт. Президент өзү туура эмес маалымат берген, же болбосо ал кишиге туура эмес маалымат берип коюшкан.

Ошол жыйында талдаган маалыматка ылайык, президенттин расмий айлык маянасы 50-60 миң сомдун тегерегинде болчу. Ал эми андан башка бизде мамлекеттик чин, мамлекеттик кызматта иштеген убакыт, илимий кандайдыр бир көрсөткүчтөр ушуга окшогон төлөмдөр бар да, ошону менен биригип келгенде президенттин айлыгы 80-100 миң сомдун тегерегинде болот болуш керек деп ойлойм.

"Азаттык": Эми министрлер тууралуу да кеп уласак. Учурда министрлердин орточо айлык акысы 16-18 миң сомдун тегерегинде болот экен. Кандай деп эсептейсиз, эмне үчүн мындай аз айлык маяна үчүн айрым адамдар мамлекеттик мекемени жетектегенге ашыгышат?

Жээнбеков: Кыргызстанда билесиңер да, бардыгыбыз эле ушул убакытка чейин көрүп келбедикпи, мамлекет көп экономикалык чечимдерди кабыл алганга аракет кылат. Биздин мамлекетибиз кандайдыр бир мамлекеттик монополияны уюштурганга аракет кылат. Ал эми мамлекеттик монополия уюшкан жерде, мамлекеттик кызматкерлерге, министрлерге бир топ пайдалуу. Анткени ошол чечимдер аркылуу биздин мамлекетибизде коррупция өнүгөт. Ошон үчүн биздин мамлекетибиз дүйнөдөгү эң коррупциялашкан төрт мамлекеттин катарына кирген үчүн биздин көп адамдарыбыз министр болгонго аракет кылат, мамлекеттик кызматка барганга аракет кылышат.

"Азаттык": Демек ушул министр болом деп ашыккандар, коррупциялык схемалар аркылуу өз капчыгын толтурууга ниеттенгендерби?

Жээнбеков: Жок, мен эми антип айта албайм, министр болгондордун бардыгы эле өз капчыктарын толтурууга аракет кылат деп. Бирок министрлерде, мамлекеттик кызматкерлерде коррупция менен аралашууга бир топ жеңил жолдору бар.

“Жок кылгыч жоломандар” кимдер?

“Дело №...” гезити “Кыргызстанда “өлкөнү Дагестандаштыруу” деген өтө коркунучтуу илдеттин вирусу каптайбы?” деген темада дин иликтөөчү Кадыр Малиевдун маегин басты.

“Дело №...” гезити “Кыргызстан “өлкөнү Дагестандаштыруу” деген өтө коркунучтуу дарттын вирусун кармоого тобокелдик кылууда” деген баштеманын алдында макала жарыялады.

Макала кабарчынын суроолоруна жооп берген “Дин. Укук. Саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун маеги менен башталды.

“Кыргызстан жамааты “Жайшул Махди” эмне деген уюм экенин түшүндүргөн Кадыр Маликов, буга көбүнчө исламды жаңыдан кабыл алган жаштар кирерин, бул илдет акырындык менен Европаны каптап, өзгөчө Германияны кучагына алып, АКШны каптап баратканын, очогу – Иран, Пакистан, Алжир, Йемен, Сауд Аравиясы, Иордания менен Египетте экенин, баарынан кызыгы Казакстандын анча исламдашпаган Орусия менен чектешкен түндүк тарабына өзгөчө тараганын белгиледи.

- Бул уюмдун идеологиясынын өзгөчөлүктөрү эмнеде?- деген суроого Кадыр Маликов:

- Анын ыкмалары адамды заматта маң кылып, сой десе, өз энесин союп салганга чейин бара турган маңкуртка өтө тездик менен айланткандыгы менен коркунучтуу. Саналуу айлардын ичинде эле улан-кыздар жанкечтиге айланып чыга келет. Мунун идеологиясы вирус сыяктуу интернет сайттар, DVD дисктер аркылуу жаштардын мээсине тарап, биротоло сиңип калат. Жаштар төгөрөктүн төрт бурчундагы өздөрү өңдүү “идеялаштары” менен интернет аркылуу баарлашып, кат алышып, өз-өзүнчө жамааттарга бириге берет,-деп жооп берди.

Кадыр Маликов ошондой эле Түндүк Кавказдагы террорчулук уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири - Саид Бурятский деген ысым менен белгилүү болгон, орус улутундагы Александр Тихомировду мисалга тартып, Тихомиров Бишкектеги ушундай жамааттын идеялык шыктандыруучусу, жаштардын кумири болгонун, орус федералдык кызматы тарабынан ал өткөн жылы жок кылынганын баяндады.

Дин иликтөөчү муну менен бирге бүгүнкү күндөгү террорчулук уюмдардын башкы бутасы – Чеченстан эмес, Дагестан болуп калганына, Кыргызстан да дал ушул Дагестанга окшоп турганына, айрыкча иштээрге иши жок жаштар кайда барарын, эмне кыларын билбей, ушундай коркунучтуу идеяларга тартылып жатканына, диний уюмдарда болсо бирин-бири көрө албастык, атаандаштык күчөгөнүнө, муфтияттын кадыр-баркы жоктугуна басым жасап, бизде да Дагестандагыдай өлкөбүз коррупцияга белчесинен батып турганына көңүлдөрдү бурду.

Кадыр Маликов күч органдарынын экстремизмди репрессиялык жана күч менен жок кылуу ыкмаларын кескин сынга алды.

- Адамдар кайда басса курчап алган коррупциядан, теңсиздиктен, жумушсуздуктан аша кечип жихадга тартылууда. Дагестандын сценарийи Кыргызстанды каптап кетеби деп корком. Бийлик мурдагыдай эле адилетсиздикке көзүн жуумп, өлкөнү талап-тоноону, коррупциянын чайлап-коолашын уланта берсе, анда от менен ойноп жатканы ошол. Азыркы кезде канчалаган кыргыз жаштары кайра кайткыс болгон коркунучтуу идеяларга мээси чаңдап, “жок кылгыч жоломандарга” айланууда. Алар эми экинчи бизге жакшылык менен кайтып келбейт. Так ушундай “фанат-жоломандар” кайсыл бир күнү катардагы милийсаларга “мергенчилик” кылууну мындай кой, өлкөнүн биринчи адамдарын бутага алышы мүмкүн,-деди Кадыр Маликов.

“Дело №...”
жумалыгынын жаңы санында Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу журналист Тимур Асановдун макаласы жарык көрдү. Макалада Садыркуловдун машинесин сүзүп алган Өмүрбек Осмонов, анын камакка алынып, кайра кое берилгени, анан жок кылынганы жана башка жактары туурасында кеп болгон.

“Лозунг” гезити 12-январда айтылуу обнчу Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 70 жашка толмогун, маркумдун мааракесин өткөрүп, талантын даңазалоо боюнча өлкөнүн вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн, анда бир катар иш-чаралар белгиленгенин кабарлап, уюштуруу комиссиясынын мүчөсү, эл ичинде “рыспайчы” аталган, маданият ишмери Бөкөнбай Боркеевге кайрылганда буларды айтты.

“Ырга айланган өмүр” деген ат менен мурда өтүп келген телефестиваль кайра жанданат. Фестивалда Рыспайдын ырын мыкты ырдагандар эле эмес, ырды аранжировкалаган музыканттар, улуу обончуга арнап адабий-музыкалуу чыгармаларды жазгандар, кол өнөчүлөр менен сүрөтчүлөр да сыйланат. Азырынча байге фонду 300 миң сом.

Бөкөнбай Боркеев сөз аягында түштүк тараптан байгенин жеңүүчүсүнө жеңил машина сайуу тууралуу сунуштар да түшкөнүн, бул эми Рыспайдын ырын аздектеген демөөрчүлөрдүн демилгесине байланыштуу болорун кошумчалады.

“Лозунг” гезити “Көшөгө ачылганда” деген рубрика алдында “Мелис Эшимкановдун ОН-ЛАЙН конференциясы” деген аталыштагы окурмандар менен суроо-жообун жарыя кылды.

- Саясый аренага кайтышым белгсиз,-деген Мелис мырза, КТРда баш деректир болуп туруп Ассоль Молдокматовага окшогон ордунан козголгус болгон монстр журналисттерди кызматтан кетиргенин, ошолор ачкачылык жарыялап, аянттан Эшимкановдун сүрөттөрүн өрттөшкөнүн, көз ачыктарга барып кара дуба окутканын, ар кандай ушактарды учурганын белгилеп, өткөндө Бишкекте “Ленинчил жаштан” берки кичүүсү 18, улуусу 80 жашка чейинки журналисттерди чогултканын, мына ошол улуу-кичүү кесиптештери аркылуу Кыргыз элинен кечирим сурагысы келгенин кеп кылды.

Мелис Эшимканов аягында азыр да “Ата Мекен” партиясынын катардагы мүчөсү экенин, партиянын саясый кеңешинин айрым жетекчилери аны партиядан чыгаруу боюнча сунушуна карабастан, партия лидери Өмүрбек Текебаев тизмеден чийдирбей келатканын да кошумчалады.

Ушул эле “Лозунг” гезитинде Рысбек жанан Тынычбек Акматбаевдердин атасы Абдималик аксакал менен маек басылды. Балдарынын өмүрдөн өткүчөктү жасаган жакшылыктарын санаган карыя уулу Тынычбек Акматбаев Жогорку Кеңештин азыркы спикери Ахматбек Келдибеков, депутаты Камчыбек Ташиев менен парламентте чогуу иштешкенин, алар баласын толук билишерин, ошондогу спикер Марат Султанов парламентте “Эрдик” медалы берилсин деп чечим чыгартканын, бирок Бакиев аны эки жолу артка кайтартып салганын, эми Марат депутат болуп келгенден кийин ушуга жардам берет деген үмүтү кайра жанганын билдирген.

Гезит булардан тышкары Нарын облустук ооруканасынын ушул кездеги абалын айтып берген врач-хирург Бейшенбек Исмаилов менен маекти тартуулады.

Мурдагы депутаттардын бири Кубанычбек Исабековдун маеги: “Бюджеттин кемтигин “Кумтөр” менен толтурууга болот” деп аталат.

"Манас" менен Mina Corp ийиндеш иштеп калабы?

"Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору.

Жогорку Кеңештин Отун-кубат жана кен иштетүү боюнча комитети АКШнын транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча келишимдин долбоорун жактырды.

Бул долбоор АКШ тараптан колдоо тапса, мамлекеттин карамагындагы “Манас” күйүүчү май ташуу ишканасына транзиттик борборго керек болгон авиакеросиндин 50 пайызын жеткирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Калган бөлүгү Mina Corporation ишканасына тапшырылат.

Анткен менен “Манас” мамлекеттик ишканасы транзиттик борборду азырынча 20-25 пайызын гана күйүүчү май менен камсыз кыла алаары маалым болууда.

Транзиттик борборго күйүүчү май жеткирүү февралдын акырында башталышы мүмкүн


“Манас” аба майданында АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча АКШ жана Кыргызстандын ортосундагы келишимдин долбооруна ылайык, “Манас” мамлекеттик ишканасы борборго күйүүчү майлардын 20 пайыздан 50 пайызга жакынын жеткирмекчи.

Комитеттин жыйынында маалым болгондой, мамлекеттик ишкананын иши ачык түрдө жүргүзүлүп, ар кыл коррупциялык иш аракеттерге аралашып кетпеши үчүн катуу көзөмөлгө алынат.

Отун-кубат (энергетика) министри Аскарбек Шадиевдин билдиришинче, транзиттик борборго күйүүчү майды мамлекеттик ишкана ташууну баштаса, эң башкысы казынага көп каражат түшөт.

Ансыз деле бул келишимге кол коюу кечеңдеп жаткандыктан Кыргызстан күнүнө 5 миллион сомдон куру калып жатат дейт Шадиев:

- "Манас" аба майданындагы транзиттик борборго бир гана "Мина Корпорейшн" реактивдүү отун ташып келет. Революция болду, революциядан кийин да бул маселе чечилген жок. Декрет чыгып улутташтыруу болду. Дагы чечилген жок. Бүгүнкү күндө биздин өкмөт АКШ менен сүйлөшүп отуруп бир жакшынакай чечимге келди. Алар "макул, 20-50 пайызга чейин силерге берели" дейт. Транзиттик борбордо ар күнү чоң көлөмдөгү күйүүчү заттар колдонулат. Ошол эле учурда аябай көп пайда түшөт. Натыйжада эң эле төмөн деп айтканда бир күндө беш миллион сомдон куру калып жатабыз.

АКШнын транзиттик борбору
“Манас” мамлекеттик ишканасы өткөн жылдын 30-июнунда улутташтырылган Manas Airfuels компаниясынын ордуна түзүлгөн.

Ушул жылдын 1-февралынан тарта бул ишкана транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылаары техникалык өкмөттүн тушунда кабарланган болчу.


Аталган ишкананын жетекчиси Максатбек Шариповдун айтымында, эгер келишимге эртерээк кол коюлса, февралдын аягынан тарта күйүүчү майларды ташуу башталышы мүмкүн.

Бирок транзиттик борборду дароо 50 пайыз күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн азырынча мүмкүнчүлүктөр чектелүү экен.

- 50 пайыз деп макулдук алып жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин май сактоочу мунай (нефти) базабыздын көлөмү өтө аз. Сегиз эле миң тонна. Аба майданында да сегиз миң тонна. Натыйжада 16 миң тонна батыра алабыз. Мисалы транзиттик борборду 50 пайыз күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн дагы кошумча мунай база алуу керек. Анан акча каражаттарды да көрүшүбүз керек. Ошого карата биз башында айтабыз. 50 пайыз камсыз кыла албайбыз деп. Эки-үч айдын ичинде 20-25 пайыга чейин чыгып калсак, ал жакшы эле жыйынтык болот.

Маалыматка ылайык, эгер “Манас” мамлекеттик ишканасы авиакеросиндин 50 пайызын ташый баштаса бир жылдын ичинде мамлекеттик казынага 50-60 миллион доллар киреше алып келиши мүмкүн.

Учактар үчүн майлар Орусиянын “Газпромнефть-Аэро” компаниясынан алынмакчы.

Мамлекеттик ишкана катуу көзөмөлгө алынат

- Жаңы түзүлгөн “Манас” мамлекеттик ишканасы баягы эскидей иштеп кетпеши үчүн көп катуу шарттарды коюп жатабыз. ...
Ушул тапта АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборуна Mina Corp ишканасы күйүүчү май жеткирүүдө.

Бул компания мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги тушундагы коррупциялык схемага аралашкан деп шектелүүдө.

Мындан улам Башкы прокуратурада компаниянын иши иликтенип жатканын кабарлаган.

АКШ бийлиги болсо Mina Corp компаниясынын ишинде мыйзам бузуу таппаганын билдирип, өткөн жылдын 3-ноябрында Mina Corporation менен кайрадан бир жылга 315 миллион долларлык келишим түзгөн.

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында белгилүү болгондой, АКШ Mina Corporation камсыз кылып келген күйүүчү майлардын бир бөлүгүн жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кыргызстандык ишканага берүүгө даяр.

Эми транзиттик жүк ташуучу борбордун айланасында корруциялык аракеттерге бөгөт коюу үчүн катуу чаралар көрүлмөчү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана кен иштетүү комитетинин төрагасы Азамат Арапбаев билдирди:

- Жаңы түзүлгөн “Манас” мамлекеттик ишканасы баягы эскидей иштеп кетпеши үчүн мына биз көп катуу шарттарды коюп жатабыз. Бардыгы ачык болуп, депутаттардан же палатадан байкоочу кеңешине мүчө болсун, деген аябай катуу шарттар бар. Анан булар түзгөн контрактты комитеттин мүчөлөрү менен кеңешет. Ачык чыгарабыз.

Парламенттин Отун-кубат жана кен иштетүү комитетинде жактырылган келишим долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетине жөнөтүлдү.

Андан соң бул долбоорду Кыргыз парламенти жана АКШнын транзиттик борборунун өкүлдөрү жактырышы керек.

Жыйынтыгында өкмөттөр аралык келишим (контракт) түзүлүп, анда транзиттик борборго жеткириле турган күйүүчү майдын көлөмү жана баасы так аныкталмакчы.

Кымбатчылык менен студенттин кармашы

Кымбатчылык менен студенттин кармашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
Кымбатчылык менен студенттин кармашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00




Кымбатчылык менен студенттин кармашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Ажылык сапар "улак тартыш" болууда

Жогорку Кеңештин профилдик комитети “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык, ажылык сапарды уюштуруу иш-чарасына мамлекет кийлигишпейт, бирок жоопкерчилиги мойнунда кала берет.

Былтыр мамлекеттик дин комиссиясы ажылык зыяратчылыкты уюштурууда кыңыр иштерге жол бергени тууралуу кабарлар тарагандан кийин депутаттар мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү чечишкен.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна ылайык, ажылык сапарды уюштуруу иш-чарасына мамлекет кийлигишпейт. Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин “Ар-намыс” фракциясынан депутаттар Каныбек Осмоналиев, Акылбек Жапаров жана Турсунбай Бакир уулу көтөрүп чыгышты. Демилгечилердин жүйөөсү боюнча, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген мыйзам долбоору ажылык зыяратчылыкты уюштуруудагы кыңыр иштерди алдын алуу, болтурбоо аракетин көрөт.

Курман айт, Бишкек, 16-ноябрь, 2010-жыл
Баш мыйзамда Кыргызстан дин иштерине кийлигишпеген мамлекет. “Ошол себептүү ажылык зыяратын уюштурууну муфтиятка же диний уюмдарга тапшыруу зарыл”,-деп эсептейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны мурдагы жетекчиси, депутат Каныбек Осмоналиев.

- Бул жерде конкреттүү түрдө бир гана нерсе айтылып атат: ажылыкты уюштуруу маселеси конституциялык нормага ылайык Кыргызстандагы мусулмандардын дин башкармалыгынын милдети болот деген сөз айтылып атат. Ушул кичинекей түзөтүү менен биз негизинен мамлекетти өзүнүн ордуна, дин уюмдарын өз ордуларына эле коюп жатабыз. Болгону эле ошол.

Кыргызстанда ажылык сапарын уюштуруу иштери бир топ убактан бери эле талаш маселелерди жаратып келет. Өткөн жылы ажылыкты уюштуруу муфтияттан дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга берилген. Ага чейин деле бул багытта муфтияттын дарегине бир топ сындар айтылып келген. Кыргызстан диний башкармалыгынын өкүлү Мамбетасан Ибраев мамлекет буга катуу көзөмөл кылып, муфтият уюштурса деген оюн ортого салды.

- Негизинен ажылыкты уюштуруп, алып барып, алып келүү муфтияттын мойнундагы иш болуш керек экен. Бардык ишти ийне-жибине чейин билгендиктен муфтият уюштуруп, мамлекет тараптан катуу көзөмөлдөш керек. Ушуна жакшылап карап берсеңиздер жакшы болот эле. Өкмөт келип ажылык иштерге аралашат. Андай болсо "мечитке келип да имамдык кылып берсин" деген сөздөр айтылып атат.

Парламенттин илим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитетинин төрайымы Жылдызкан Жолдошева мыйзам долбооруна добуш берүүдөн мурда аны өкмөткө жөнөтүүнү сунуштады. Жолдошева ажылык зыяратын уюштуруудагы кыңыр иштерди, коррупциялык элементтерди аныктоо, тактоо үчүн мыйзамды коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүү зарыл деп эсептейт.

- Акыйкат үчүн айтып коюш керек: ушул коррупцияга ажы башчылары да кошулган десем жаңылышпайм. Эмнеге ушул жагын айтпайсыңар, бир эле өкмөт жөнүндө айтып атасыңар. Ажыга барам дегендер көп. Керек болсо эки, үч жыл мурда тизмени алдын ала түзүп койсо болот. Эмне үчүн муфтият алдын ала тизме түзүп, катарга койбойт? Жок, ошол ажылыкка барардын алдында ажиотаж кылып, “бул барат, бул барбайт” деп коррупциянын башын кылтыйтып чыгарып жатат, ажы башчылары. Мына ошондой кыңыр иштер болбош үчүн, анын тамыры тереңдебеши үчүн коррупцияга каршы текшерүүдөн өткөрөлү деп жатабыз. Өкмөт да муну жойсун.

Комитет жыйынында ажылык зыяратты мындан ары Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы же Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эмес, атайын агенттик түзүлүп, ошол аркылуу уюштуруу сунушу айтылды. Мындай демилгени Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия көтөрүп чыкты. Ал ортодо Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов айрым адамдардын кийинки ажылыкты көздөп турганына токтолду.

- Ажылыкты уюштуруу боюнча атайын агенттик, уюм түзсө деле бийликтен калгаалайт деп айтып атпайлыбы, ошол киши жок болмоюнча бул нерсе кайталана берет. Ошон үчүн буга жоопкерчиликтүү карасак. Кийинки ажылыкты азыр көздөп жатышат, сиздер билбей жатасыздар.

Бир топ талаш-тартыштардан кийин Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети “Дин ишеним эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Эми аталган мыйзам долбоор алымча-кошумчалары менен парламенттин кеңейтилген жыйынына чыгарылмакчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG