Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:00

Кыргызстан

Мукамбет Токтобаев - сахна чебери, унаа боюнча уста

Карапайым көрүүчүлөрдүн, мамлекеттик жогорку кызматтагылардын театрга келбей калган себептери тууралуу Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев кеп салып берди.

Мукамбет Токтобаев Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайды бүтүргөн. Өткөн кылымдын 70-жылдары Ош шаарындагы кыргыз драма театрында чыгармачылык чыйырын баштап, кийин Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрына которулат. Эки-үч жыл "Туңгуч" жаштар театрында да иштейт.

Мукамбет Токтобаев Уильям Шекспирдин “Лир падыша” трагедиясында Лирдин, Чыңгыз Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсаратында” Танабайдын, Токтоболот Абдымомуновдун “Машырбек үйлөнөт” комедиясында Машырбектин жана башка ондогон спектаклдерде образдарды жогорку деңгээлде жаратып сахна чебери даражасына жетти.

“Азаттык": Кийинки учурда көрүүчүлөрдүн театрга көп келбей калган себептерин эмнеден көрөсүз?

Мукамбет Токтобаев: Мында себептер көп. Биринчиден, азыр элдин көпчүлүгү жумушу жок, базарга чыгып, эптеп курсагын тойгузуп, үй-бүлөсүн багып жатат. Эртең менен саат беште базарга кетет. Керели кечке соода кылган киши кантип театрга барат? Л.Брежнев "дан болсо, ыр да болот" дегендей курсагы ток, көңүлү жайдары болсо театрга барат.

Экинчиден, драматургдар мыкты чыгармаларды жазбай калды. Аларга калем акы (гонорар) төлөбөсө баш оорутуп жазып эмне кылат?

Анан ар ким атасы жөнүндө же чоң атасы жөнүндө драма жазып, сахнаны жасалгалоого, кийимдерине өзүнүн чөнтөгүнөн акча төлөп койдуртуп калышпадыбы. Эми ал драмалар эптеп-септеп жазылган чыгармалар. Азыр ар кимиси эле китеп жазып атпайбы. Алар окулбай эле китеп текчелерде турган сыяктуу бизде да орто заар спектаклдер коюлуп кетти.

Үчүнчүдөн, биздин режиссерлор эксперимент деп орустарды, Батышты туурап эле пластикалык кыймылдагы спектаклдерди коюп кирди. Аны өздөрү эле түшүнбөсө, көрүүчүлөр спектаклден чыккандан кийин кайра сенден "бул эмне?",-деп сурашат. Мына ушинтип көрүүчүлөрдү театрдан качырып алдыкпы деген ойго келесиң.

“Азаттык": Театрга аткаминерлердин мамилеси кандай? Мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилер, парламент депутаттары өздөрү каалап театрга келишеби?

Токтобаев: Алар өздөрүн-өздөрү ордуна койо албай башаламан болуп атышат. Анан театрга кайдан келсин?

“Азаттык": Сизди сахна чебери катары билебиз. Ал эми унаа оңдогон мыкты уста экениңизди өзүңүздөн уксак?

Токтобаев:
Бала кезде мен машинеге аябай кызыкчумун. Айылдаш шопур байкелерге "берчи байке, бир эле метр жылдырып берейин" деп айланып кетчү эмесмин. Бир нерсеси бузулса аны кунт карап турар элем. Кийин шопурдун окуусун бүтүп, төрт ай шопур болуп иштегем. Анан Москвага окууга кеттим. Ал жактан келгенден кийин жеңил унаа сатып алып, бузулуп калса өзүм оңдоп жүрдүм. Өзүң кайсы нерсеге кызыгып, кунт коюп, жакшылап көңүл бурсаң үйрөнүп аласың.

“Азаттык": Чет элдик унааларды да оңдойсузбу?

Токтобаев: Баягы Советтер союзу ураганда айлык аз, каражат тартыш. Анан базарга барып, арзан баага чет элдик унаа алып, аны кычырата жасап, кайра сатып оокат кылгам. Аны жашырганда эмне? Ошентип устачылык кылып үй-бүлөмдү баккам. Анан унаанын системасы бир эле болот. Моторун чачып, жакшылап карасаң сынган жери же керектен чыккан жери чыгат. Аны алмаштырып коесуң. Кыскасы ошентип отуруп, шыгыңа-шык кошулуп кадимки моторист болуп каласың.

“Азаттык": Белгилүү эл артисти, мыкты уста ойногон спектаклден бир шиңгил таштап коерсуз?

Токтобаев: Кайдасыңар, байыркы элдин баатырлары?
Байлыгы жалгыз минген аргымагы.
Мени көр, мени кара дебей эле,
Мекен үчүн курман болгон асыл жаны.
Кыйратам, жыргатамын деп калп айтпай эле,
Канжыгада төгүлгөн, кызыл каны.

"Ар бир балага ноутбук" долбооруна Кыргызстан кызыгууда

"Ар бир балага ноутбук" долбоору Индияди иштеп жатат

Кыргызстанда “Ар бир балага ноутбук” долбоорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

“Ар бир балага ноутбук” долбоорунун өкүлү Жулия Дамико Кыргызстанга Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин чакыруусу боюнча келди. Ал Кыргызстандын Билим берүү, Эмгек жана миграция министрликтеринин адистеринин жана башка кызыкдар тараптардын алдында “Ар бир балага ноутбук” долбоорунун пайдасын жана артыкчылыктарын айтып көрсөтүп берди.

Жулия айымдын айтымында, аталган долбоорду АКШдагы бейөкмөт уюм өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн балдарын арзан ноутбуктар менен камсыз кылуу максатында ишке ашырып жатат. Мектеп жашындагы окуучуларга эсептелген ХО аталыштагы ноутбуктардын видеокамерасы бар, суу өтпөс жана колдон түшүп кетсе сынбай турган сапаттары бар. Анын ичинде физика, химия, математика, музыка, программалаштыруу сыяктуу көп предметтер боюнча билим берүү программалары бар.

- Бул ноутбукту колдонгон окуучулар көп убакытты өз ара сүйлөшүүгө эмес, окуткан программаларга, жазууга, сүрөт тартууга, изилдөөлөргө жумшап жатканы көрүнүп турат. Алар Фейсбукта отуруп алып, көнүл ачып жатышкан жок,-дейт Жулия айым.

Аталган долбоор дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Парагвай, Уругвай мамлекеттеринде, Азияда Индия жана Непалда ишке ашырылган. Бул программа балдардын билим деңгээлин гана көтөрбөстөн, жалпы өлкөдөгү социалдык процесстердин активдешине алып келген. Бул программага Жулия айымдын айтымында, мурдагы совет өлкөлөрүнөн Казакстан, Армения, Россия өлкөлөрү дагы кошулуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

OLPC билим берүүнүн кыймылдаткыч күчү катары жаркын келечекке алпарчу жол”,-дейт Жулия айым.

Кыргызстандагы мектептердин эки эле пайызы Интернетке кошулган, компьютерлер жетишпейт, 72 балага бир компьютер туура келет. Билим берүү министрлиги жыл сайын мектептерге компьютердик техника сатып алууга 100 млн сомдон жумшап келатат, бирок андан өркүндөп кеткен жок. Мектептерди компьютердик техника, алдыңкы маалымат технологиялары менен камсыздоо боюнча бир топ пландар каралып жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү да белгилешүүдө.

“Ар бир балага ноутбук” долбоору Интернетти окуучу балдарга ээн эркин таштап койбой, аны билим берүүчүлүк максатта колдонууга ылайыкташканы билим берүү адистеринин чоң кызыгуусун жаратты. Анткени балдардын Интернет кафелерден чыкпай, түнгө чейин отуруп, мектеп жана үйдүн тарбиясынан өксүп жатканы өтө кейиштүү проблема болуп келатат.

“Ар бир балага ноутбук” долбоорун кыргыз адистери негизинен жактырышууда. Бирок ошол эле учурда бул программага кошулардан мурда анын пайда-зыянын кылдат изилдеп чыгуу керектиги да айтылды. Мисалы, үйбүлө жана балалык боюнча көз карандысыз эксперт Гүлзат Шамсуддин балдарга эксперимент жасабай, аны ишке ашырардан мурда терең талдоо, экспертиза керектигин баса белгиледи.

“Ар бир балага ноутбук” программасы сунуштаган ноутбуктун баасы азыркы учурда 230 АКШ доллары. Кыргызстанда бир миллион жүз миңдан ашуун окуучунун баарын аталган программа боюнча ноутбук менен камсыз кылуу үчүн бери дегенде эле 200-250 млн доллар каражат керек. Бул каражатты Кыргызстан өзүнүн бюджетинен таба албаса, эл аралык каржы уюмдарынан сураса болот. Бирок азыр каражаттан биринчи маселе - бул долбоорго кошулуунун Кыргызстан үчүн пайда-зыяны канча деген суроо ачык турат.

Бакайаталык немистер айылын кыя албайт

Ак-Дөбө айылындагы сейил бак

Советтер Союзу маалында Талас облусундагы азыркы Ак-Дөбө (мурдагы Орловка), азыркы Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) айылдарынын калкынын көпчүлүк бөлүгүн немис улутундагылар түзгөн. Азыр алардын көбү түпкү мекени Германияга көчүп кетип, саналуу гана үй-бүлөлөр калган.

Немистер Талас өрөөнүнө өткөн кылымдын башында Орусиядан ооп келген. Бул тууралуу Ак-Дөбөнүн немис тектүү тургуну Александр Герт кеп салып берди.



Анын айтымында, алардын үй-бүлөсү жашаган айылынан эч жакка кеткиси келбейт. Себеби учурда алар үчүн бул жакта жашоого бардык шарттар бар. Жергиликтүү кыргыздар меймандостукту көрсөтүп, ынтымакта жашап жатышат.

Александр Герттин чочко фермасы
Учурда бул айылда райондун, облустун борборунда жок сейил бак, музей, маданият үйү бар. Көчөлөрүнө асфальт төшөлгөн, кечкисин жарык. Акдөбөлүктөр өз айылын Таластагы эң кооз айыл деп эсептешет. Мында айрыкча кылымдап шаардык маданият тажрыйбасы бар немистердин эмгеги зор деп санашат.

Айылдын кыргыз тектүү тургуну Узарбек Батырбеков немис кошуналарына абдан ыраазы.



Жергиликтүү кыргыздар келгин немистер менен аралашып, көп тажрыйбаларга ээ болушкан. Мисалы “үйдү ыңгайлуу салганды, аны жылытканды, тактыкты жана мээнеткечтикти үйрөндүк”,-дейт ал.

Ак-Дөбө айылында төрөлүп, азыр Бакай-Ата айылында жашап жаткан немис тектүү Жанна Шлей айымдын айтымында, анын үй-бүлөсү кыргыздын тамак-аштарын жакшы көрөт. Өзгөчө күлчөтай, басылган аш жана колго даярдалган кесмени жактырышат. Анткени бала кезинен тарта ушундай тамактар менен өсүшкөн.

Жанна Шлей күйөөсү менен
Бул үй-бүлө Союз тараганда туугандары менен Германияга көчүп кеткен. Бирок ал жерге көнө албай, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен. Учурда уулу менен жер айдап, үлүш жери жок болсо да ижарага жер алып, эл катары төөбурчак эгет.

Өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин Ак-Дөбө, Бакай-Ата айылдарынын 70-80 пайызын немис улутундагылар түзгөн. Азыр Ак-Дөбөдө 7, ал эми Бакай-Ата айылында 1 гана түтүн немис калган.

Роза Отунбаева НАТОну кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды

Президент Отунбаева НАТО баш катчысы Андерс Расмуссен менен. Брюссель, 28-февраль.

Президент Отунбаева Брюсселде НАТО баш катчысы Андерс Расмуссен менен жолукту.

Кыргыз президенти 28-февралдагы бул жолугушууда НАТО программалары кыргыз коомун өнүктүрүүгө зор салым кошконун белгилөө менен альянсты коопсуздук жаатындагы кызматташуу программаларын кеңейтүүгө чакырды. Бул тууралуу жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында белгилүү болду.
Президент Отунбаева НАТО баш катчысы Андерс Расмуссен менен. Брюссель, 28-февраль.

Маалымат жыйынында президент Роза Отунбаева бул уюмга кыргыз коомун өнүктүрүүдөгү баа жеткис салым кошкон программалары үчүн ыраазычылык билдирди.

- Биринчиден, мен коңшу Ооганстан маселесин көтөргүм келет. Ошондой эле бизди өтө кабатырланткан Тажикстан, андан ары Ооганстан менен чек ара аймактар. Биз чек ара күчтөрүн бекемдөөбүз керек, мен баш катчы менен бул тууралуу сүйлөштүм. Биз өткөн жыл соңунда террордук чабуулга кабылдык. Бул биздеги жаңы коркунуч, адамдар арасында атайын иштерди жүргүзүүнү жана тийиштүү министрликтерди чыңдоо жаатында НАТОдон көп нерсе үйрөнгүбүз келет.

Президент Отунбаева ошондой эле аталган уюмдун Кыргызстандагы программаларын көбөйтүү сунушун айтканын кошумчалады.

Андерс Расмуссен НАТО Кыргызстандагы демократиялык реформаларды колдоону уланта берерин билдирип, "Кыргызстандагы тынчтык жараян биздин кызматташууну кеңейтүүнүн жаңы жолдорун табууга өбөлгө болот», - деди.
Президент Отунбаева НАТО баш катчысы Андерс Расмуссен менен. Брюссель, 28-февраль.

Баш катчы Расмуссен президент Отунбаевага Кыргызстандын Ооганстандагы Эл аралык күчтөргө көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстан Түндүк Атлантикалык альянстын «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына 1994-жылдан бери мүчө.

Кыргыз президенти Белгияга иш сапары менен кечээ барган. Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” Брюсселден кабарлашынча, бүгүн мамлекет башчы Роза Отунбаева Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу, Европа Кеңешинин президенти Херман ван Ромпей, Бельгиянын премьер-министри Ив Летерм менен жолугушат. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташуусуна байланыштуу, коопсуздук, билим берүү, чек ара маселелери, биргелешкен долбоордун аткарылышы тууралуу сөз болот. Ошондой эле парламенттик башкарууга өткөн Кыргызстан менен кызматташуу жолдору талкууланат.

Интернет турмушуңузду өзгөртүп жатабы?

Кыргызстанда интернет канча деңгээлде өнүккөн, алыскы айыл-апага жеттиби, дегеле интернет кыргыз коомунун турмушун өзгөртүп жатабы?

"Азаттык" бул ирет апта темасы катары интернет маселелерин сунуштайт. Интернеттин кыйыры кеңейип, ар бир үй-бүлөгө кирип жатат жана ал дүйнөлүк, региондук кабарлар жана окуялар менен бардык адамдарды карк кылып, коомдук ой-пикирге таасирин арттырууда. Кыргызстанда интернет канча деңгээлде өнүккөн, алыскы айыл-апага жеттиби, тестиерлер менен өспүрүмдөрдүн интернет кумарына батып кетүү окуялары, дегеле интернет кыргыз коомунун турмушун өзгөртүп жатабы? - апта бою ушул өңдүү суроолорго жооп издейбиз. Арай көз чарай талкууга, сиздердин ой-пикирлер жана сунуштарга кеңири орун беребиз. Интернет маселелери боюнча ойлоруңузду сиз да бул жерге калтырыңыз.

"Ош ТВ" жеке менчик компаниясынын ээси ким?

“Ош ТВ” компаниясынын жоопкерчилиги чектелген коом катары кайра катталышы тууралуу күбөлүктүн фото сүрөтү. Күбөлүккө Ош шаардык юстиция башкармалыгынын өкүлү Р.Мусаев 2010-жылдын 2-июлунда кол койгон. Кыргызча. Бул сүрөттү “Ош ТВнын” ээлеринин бири Х.Худа

«Ош ТВ» менчик сыналгы компаниясынын ээлеринин бири Халил Худайбердиев «Азаттыктын» Өзбек кызматына маек куруп, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 2010-жылдын июнундагы этностор аралык жаңжалдан кийин сыналгы компаниянын негизги үлүшүн курал менен коркутуп тартып алды деп айтты. Бул доону шаар акими Мырзакматов четке кагууда.

Ош шаарынын акими (мэри) Мелис Мырзакматов өз кезегинде Халил Худайбердиевге былтыр Оштогу этностор аралык жаңжалдын чыгышын козуткан деген шек менен Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун айтып, аны сотко келүүгө чакырды.

"Ош ТВ" сыналгы компаниясына эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, шаар акими өз дарегине айтылган сөздү «жалган жалаа» деп билдирди.

Ош шаарындагы "Ош ТВ" менчик сыналгысынын мурдагы ээси Халил Худайбердиев бул күндөрү Кыргызстандын сыртында, алыскы өлкөлөрдүн биринде баш калкалап жүрөт.

Х.Худайбердиевдин 23-февралдагы "Азаттыктын" кабарчысына айтуусунда, өз үй-өлөң төшөгүн таштап кетүүгө өткөн жылдын июнь айындагы улут аралык жаңжалдан кийинки окуялар себеп болгон.

- Мен Бишкекте ооруканада жаткам. Эки күн болгон.

Телефон шыңгырап калды. Дилмурад телефон чалып. «Келбесеңиз болбой калды», деди.

Андан кийин Хайруллага (Худайбердиевдин уулу. - «Азаттык».) телефон чалсам:

«Мэр сенин атаңды кайдан болсо дагы таап отургузам» деп айттырыптыр деди.

Мага дагы башкалар телефон чалып, «оштуктар сенин уулуңа кылмыш ишин ачып, камаганы жатат», деп эки тараптан тең коркутуп-үркүтүү башталганын айтышты

Мындай кабарды алгандан кийин Халил Худайбердиев шашылыш Бишкектеги ооруканадан чыгып, Ош шаарына учуп келет.

Анын айтуусунда, былтыр июндун акыры - июлдун башындагы күндөрдүн биринде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзахматов ага саат 19га үйүнө келүүнү сунуш кылат.

Белгиленген маалда мэр Мырзакматов менен жолукканда сөз эмне тууралуу болгонун Х.Худайбердиев "Азаттыкка" мындайча эскерет:

- «Ушул сыналгы компанияны ишке салмакчыбыз», деди Мырзакматов.
- Демек, бул үчүн эмне кылыш керек? деп сурадым.
- «Сиз мага 51 пайызын өткөрүп бериңиз».

Мени менен уулум Хайрулла дагы бар болчу.

"Ушуну менен биз кутулабызбы? Алчуңарды алгыла. Ушуну менен бизди жайыбызга коёсуңарбы? Менин уулум, өзүм тынч боломунбу?" - деп сураганымда, ал киши:
- «Эртең нотариуска барасыздар, башка иштер да болот», деди.
- Болуптур.

Ал киши "мына мен 51 пайызын алгандан кийин башка имаратка көчүрөбүз. Мен сизге аны көрсөтөм, жүрүңүз. абдан мыкты имарат бар" деди.

Жибек комбинатынын алдындагы Таатан деген үйгө бардык.

Ал жерде бир имаратын көрсөттү.

Бери чет жакага келип айттым:

"Мен сыналгы компанияны жок жерден жараткан элем. 20 жылдан бери бүткүл үй-бүлөм мээнет тер төгүп келет. Мында 30 киши иштейт. Алардын баарына баш-көз болуп, жок жерден жаратылган нерсе бул. Бул нерсе көп акчага турат" дедим.

"Оболу сүйлөшүп алалычы, анын (сатылчу) акчасы канча болот?" дедим.

Кийин экөөбүз чогуу эсептеп көрсөк, 1,5 миллион долларга чыкты. Иши, кирешеси жана башкасы болуп. Чыккандан кийин ал ыраазы болду.

"Бирок азыркы сенин акыбалыңдан улам, 400 миңге баалаймын" деди.

Биздин эч ылаажыбыз жок. Жанында автоматчандар туруптур.

Эмне деп айтышты да билбейбиз. Мажбур болосуз да аргасыздан.

"Болуптур, эми акчасын бериңиз" десем:

"Менде азыр мынчалык акча жок" деди.

"Канчасын бересиз?" десем, ошол жердеги Мухтар деген бир жардамчысына:

"Бар, алып чык, 20 миң (доллар) алып чык" деди.

Анысы болсо "тигил жерде жок экен, бул жерде жок экен" деди эле, ага:

"Баланча жерден алып кел" деди.

Анысы алып келди.
20 миң долларды колума берип:

"Мына, акчасы. Калганын шайлоодон кийин аласыз" деди.

Анан «Сизге Ош шаар мэринин, же вице мэрдин колу коюлган кагаз келет, компанияны иштете баштаңыз», деди.

Компания болсо 10-11-июндан бери иштебей турган болчу.

"Эртеси күнү нотариалдык каттоо" дегендей болду. Бардыгын жаздык.

А киши:
"Эми болду. Силерге эч кандай доомат болбойт. Сот, прокуратурада эч кандай кылмыш иши жок" деди.

2010-жылдын 2-июлунда "Ош ТВ" телерадиокомпаниясы деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун баалуу кагазынын 51 пайызы Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан айылында жашаган Кошбаев Канболот Орозович ысымдуу кишиге каттатылат.

Ош шаардык юстиция башкармалыгы 2010-жылдын 2-июлунда "Ош ТВ" компаниясын кайра каттоодон өткөргөн расмий кагаздын көчүрмөсүн Худайбердиев интернет аркылуу «Азаттыкка» жөнөттү.

Сүрөт.

“Ош ТВ” компаниясынын баалуу кагаздарынын үлүшү тууралуу Х.Худайбердиев менен К.Кошбаев кол койгон 2010-жылдын 2-июлундагы талаштуу келишимдин фото көчүрмөсү. 1-бет. Орусча. Х.Худайбердиев бул сүрөттү “Азаттыкка” Батышта бозгунда жүрүп жиберген. 24.02.2011.




Халил Худайбердиевдин айтымында, "Ош ТВ" сыналгы-үналгы компаниясынын баалуу кагазынын 51 пайызы сатылгандан кийин уулдарынын жардамы менен сыналгынын ишин жандандырып, күнүгө эки сааттан берүүлөр кайра эфирге чыга баштайт.

“Ош ТВ” компаниясынын баалуу кагаздарынын үлүшү тууралуу Х.Худайбердиев менен К.Кошбаев кол койгон 2010-жылдын 2-июлундагы талаштуу келишимдин фото көчүрмөсү. 2-бет. Нотариалдык күбөлөндүрмө кол. Орусча. Х.Худайбердиев бул сүрөттү “Азаттыкка” Батышта бозгунда жүрүп жиберген. 24.02.2011.

«Анан каргашалуу 9-июл келди», деп эскерет Худайбердиев.

Ал күнү эртелеп ооруканага барса, жоон топ кыргыз жигиттер омуроолошот.

Ошол күнү "Ош ТВ" сыналгы компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, Халил Худайбердиев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Ош облустук башкармалыгынын кеңсесине алынып келинет.

Аны менен кошо "Ош ТВ" компаниясынын ошол кездеги башкы редактору Шавкатбек Умаров дагы башкармалыкка чакырылат.

Бирок ошол эле күнү Кыргызстандын коопсуздук кызматынын кызматкерлери аларды кайра үйлөрүнө кетирип жиберишет.

Мындан көп узабай эле Халил Худайбердиев жаңы бир кооптуу кабар укканын "Азаттыкка" мындайча баяндады:

"(Мага бир) кыргыз адам кабарлады:

"Кетпесеңер болбой калды, эгерде башка бир жерге барып жан сактабасаңар, эртең же бүрсүгүнү бир кокустук болот" деди.

Кетүүгө мажбур болдук. Тигиндей-мындай жолдор менен. Бишкекте бир айдай турдук.

Бишкекте бир жолу көчөгө чыккан элем, артымдан бир киши сары изиме түшүп алганын билип калдым.

Оштон жөнөтүшүптүр, "аны табасың" деп.

Аны да билип калдык. Орусияга кетишке мажбур болдук.

Анан Орусиядан бул жакка (Батыш өлкөлөрүнүн бирине) келдик.

Бизди кийин да издешиптир.

Новосибирскиде, Екатеринбургда, Москвада, Казанда издешкен экен. Кабар жетип турду.

Х.Худайбердиев мырза Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин Батыштагы бир өлкөгө жетип, анан Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу байланышканын "Азаттыкка" быйыл февралдын этегинде мындайча баяндады:

- Болжол менен бир айча болуп калды. Балким эки айдай болгондур.

Мен телефон чалганда ал алган эмес болчу.

Кийин (Мырзакматов) өзү телефон чалып калды. Мен эми башка кырдаалда болуп калдым да.

"Карызды качан төлөйсүз? Бир жарым миллиондон 51 пайызын төлө" деп айтсам:

"Биз антип сүйлөшкөн эмеспиз" дейт.

"Ал убакытта башка кырдаал болчу, эми башка жагдай.

Мусулманчылыкта да бир шарт бар, үч жолу карызыңды сурабай койсоң, анда күнөө карыз берген кишиде калат" деген. Төлөйсүзбү, же төлөбөйсүзбү?

Мага кишиңиз чыксын. Мен ага банк эсебимди берейин. Аны алганыңызды айтыңыз.

Ушул тапта эсеп боюнча бир гана пайызга ээ болуп туруп эле бүтүндөй сыналгы компанияны буйрук берип башкарып атасыз" дедим.

Бул аралыкта өз ара кер-мур айтыша кеттик.

Ал киши:

"Биз Сизди Аляскадан болсо да табабыз" деди.

Андан кийин М.Мырзакматовдун жардамчылары аркылуу мэрдин өзү менен байланышуу аракетинен таптакыр майнап чыкпаганын Халил Худайбердиев "Азаттыкка" кошумчалады.

М.Мырзакматов: "Ош ТВга тиешем жок".


"Азаттыктын" кабарчылары "Ош ТВ" жеке менчик сыналгы-үналгы компаниясынын ээлеринин бири Халил Худайбердиевдин жогорудагы айткандарынын чын-төгүнүн билүү максатында Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматов менен 25-февралда телефон аркылуу байланышты.
(Ошол кездеги) Президент К.Бакиев Ош шаарынын өнүгүү концепциясынын жүз ачаарына катышууда (оң жагындагысы – Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов), 2010-жылдын 20-марты.

Мелис Мырзакматов:

- Бул маселе боюнча ал кишинин чет элге барып алып, мени каралап жатканынын негизги себеби – (былтыр) 17-майда бул кишинии жана ал жетектеген телекомпаниянын, ошондой эле бир катар жергиликтүү жана борбордук телеканалдардын дарегине катуу сын айтылган.

Себеби ошол убактагы кырдаалдын курчуп турганына байланыштуу бул аты аталган телекомпанияларга «отко май куйбагыла, кырдаалды мындан ары курчутпагыла, туура идеология алып, элге туура түшүндүргүлө», - деп шаардын мэри катары катуу сын пикир айткамын.

Ал киши сыртта туруп алып, өзүнүн жолу болбогондугун, миңдеген адамдардын канына күнөөкөр болгонун менден чыгарып жатканы туура эмес. Аны жалган жалаа деп эсептеймин.

Дагы бир айтып кетээрим, бул киши (2010-жылдагы) июнь окуясына, кылмышка түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептелип, Башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иши козголгон.

"Азаттык":

- Халил Худайбердиев «келишим боюнча "Ош ТВ" компаниясынын баалуу кагаздарынын 51 пайызы, Ош шаарынын акими Мырзакматовдон 20 миң АКШ долларын алып, өткөрүп бергенимден кийин ал мени мурдагы Ош жибек комбинатынын алдындагы Таатан соода комплексиндеги бир имаратка алып барып, "ушул жерде ишти баштагыла деген» деп айтып жатат. Сиздин жообуңуз?

М.Мырзакматов:

- Таатан соода комплекси мага карабайт. Ал шаардын бир субъектиси катары эсептелет. Мен билгенден азыр "Ош ТВ" компаниясы аталган аймакта жайгашкан.

"Азаттык":

- «Акипресс» маалымат агенттигинин «Баракелде» интернет барагы былтыр 15-декабрда "Ош ТВ" компаниясы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго таандык, бирок расмий түрдө Асанбек Абдыгапаровдун атына катталган" деп жазып чыкты. Мунун чындыгы барбы?

М.Мырзакматов:

- Мен эми шаардагы ар бир субъектинин кимге катталганын так, жатка билбеймин. Андан көрө Худайбердиев Халил Ошко келип, тергөө органдарына жасаган кылмышы үчүн жооп берсе жакшы болмок. Бул кишинин артында төгүлгөн кан, ыйлаган балдар, боздогон жесир аялдар турат.

"Азаттык":

- Халил Худайбердиев «1-2 ай мурда мэр Мырзакматовго телефон чалып калган акчаны сураганымда экөөбүз кер-мур айтыша кеттик. Анан Мырзакматов мага «Сени Аляскадан болсо дагы табам», деп коркутту дейт. Х.Худайбердиев менен качан акыркы ирет сүйлөштүңөр эле?

М.Мырзакматов:

- Бул кишиге Кыргызстанга келип, эгер күнөөңүз жок болсо мыйзам алдында өзүңүздү актасаңыз оң болот эле деп айткамын. «Аляска-Паляска» деген сөз болгон эмес.


С.Соурбаева: Тартып алуу, же коркутуу болгон эмес

2010-жылдын 9-августунан бери "Ош ТВ" сыналгысын жетектеп жаткан журналист Сюита Соурбаева менен 26-февралда байланышып, бозгундагы Халил Худайбердиевдин «19-20 жыл жеке өз күчүм менен курган компаниямды мэр Мырзакматов баш болгон топ коркутуп тартып алышты» деген кебинин канчалык негиздүү экенин сурадык.

С.Соурбаева:

- Мен журналист катары мурдагы жетекчинин өңүн көрбөптүрмүн. Бирок жүргүзгөн иштеринин баарын көрүп жатабыз.

Эч кандай тартып алуу, же коркутуу деген бул жерде болгон эмес.

Ал [Х.Худайбердиев] кандайча кеткени баардык эле массалык маалымат каражаттарында айтылса керек.

Болгону бул жерде жетекчилик өзгөрдү, сыналгыда болсо бүгүнкү күндөгү стандарттарга туура келген программаларды чыгарсак деген эле максатыбыз бар.

Ал эми «басып алды», «тартып алды» деген маселе бизде жок.

Компаниянын башкы көздөгөнү – кесипкөйлүк деңгээлди көтөрүү гана.

"Азаттык":

- "Ош ТВ" компаниясы Чыгыш Фергана өрөөнүн камтыган эң чоң менчик сыналгы да. Ушул тапта компанияга кимдер ээлик кылат?

С.Соурбаева:

- Биздин компания жеке менчиктеги канал болгондуктан, бизде атайын директорлор кеңеши бар. Ошол кеңеш жалпы жетекчилик кылат. Мен болсо сыналгыны өнүктүрүү боюнча жетекчилик кылуудамын.

"Азаттык":

- Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун компанияга тийешеси бар деген сөз чынбы?

С.Соурбаева:

- Мен жетекчи катары мэр Мырзакматовдун бул жерде тийешеси бар деп айта албайм.

Анткени "Ош ТВ" компаниясы жеке менчик канал болгондуктан, аны директорлор кеңеши жетектейт.

Ал кеңешке мен өзүм мүчөмүн, бул жердеги башка айрым жетекчилер дагы мүчө.

Ошол директорлор кеңеши гана бардык маселени чечебиз. Бул жерде шаар мэринин эч кандай тиешеси жок.

"Азаттык":

- Директорлор кеңешине канча киши кирет? Алар Ош аймагынын жергиликтүү тургундарыбы?

С.Соурбаева:

- Ооба, Ош аймагында жашаган, иштеген кызматкерлер. Директорлор кеңеши 5 кишиден турат.


ЕККУ: Тартып алуу доосу боюнча бизде факт жок

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн медиа каражаттары боюнча адиси Бурул Усманалиевага телефон чалып, ЕККУ талашка түшкөн Ош ТВ компаниясы тууралуу маалыматты качан алганын 26-февралда сурадык.

Бурул Усманалиева:

- Биз алгач бул маалыматты интернет булактардан окудук. Дароо эле 24.kg сыяктуу интернет сайттар жазып чыккан.

Деги эле Халил Худайбердиев жана анын уулу директорлук кылган Ош ТВны билебиз. Ал киши Бишкекке келгенде биз жолуктук.

Ал кишинин сөзү боюнча айтсам, «менин компаниямды азырынча кандайдыр бир суммага сатып алды. Бирок айласыздан сатууга туура келди», деген мааниде сөз болгон.

Чындыгында тартып алуу болгонбу же болгон эмеспи, бизде факт жок.

Биз жалпы маалымат каражаттарынын эркиндигине көз салган уюм катары ушундай маалымат алганбыз.

Бирок ал киши бизге кайрылып, «жардам бергиле, ушундай болуп жатат» деген эмес. Биз өзүбүз ал кишиге кайрылганбыз.

"Азаттык":

- Сиздер менен жолукканда Х.Худайбердиев компанияны ким тартып алганын, кимдер коркутуп жатканын айтты эле?

Бурул Усманалиева:

- Ал кимдер тартып алганын ачык айткан жок.

Башка киши, кыргызстандык эле жаран компанияны өз атына каттатып, документтерди өзүнө жаздырып алыптыр.


Азаттык:

- Х. Худайбердиев ошону эле айтып, конкреттүү ким тартып алганын атаган жокпу?

Бурул Усманалиева:

- Эч кимдин атын атаган жок.

Келишимге болсо өз ыктыяры менен кол коюп бериптир, документтери бар экен.

«Бирок айласыздан сатууга мажбур болдум», деген мааниде бизге айтып берген.

"Багы ачылбай калган мураскер"

1-мартта «Эркин Тоо»,«Кыргыз Туусу»,«Алиби», «Фабула»,«Обон», "Күн желеси»,«Тамчы кабар»,“Sport.kg” жана башка гезиттер жарык көрдү.

«Кыргыз Туусу»

«Апрель элдик революциясы Шералынын чокоюндай эскертип турсун» деген макаласы менен жүзүн ачты. Анда өкмөт үйүндө Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына даярдык көрүүгө арналган жыйында козголгон маселелер баяндалган. Отурумда 7-апрель революциясын салтанаттуу, шаңдуу эмес, ар бир жаранды ойлонто турган кырдаалда өткөрүү бүтүмү айтылган.

Базарда күндөн-күнгө азык-түлүк кымбаттоодо. Эл керектөөчү азыктарга тартыштык болбойбу?-деген суроо ар адамды ойлондурат. Дыйкандар өндүргөн азык-түлүктөрдү сатуу, базардагы атаандаштык, кымбатчылыктын себептери тууралуу өлкөнүн азык-түлүк корпорациясынын жетекчиси Дүйшөнали Мамасалиев жооп берген.

Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын демилгеси менен Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилеринин жоон тобу кыргызча ыр окуп, ырдап, мамлекеттик тилге урмат көрсөткөнүн жазды. Ушул жагдайда Кыргызстан мамлекеттик тилди өнүктүрүү жагынан кыйла артта калганын мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбеков моюнга алганын журналист Жыпара Исабаева жазды.

«Эркин Тоо»

Тарыхты ыр менен жазган Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдык мааракеси, учурда нан кымбаттаганын, туризмге тоскоол болгондор, апрель ыңкылабы, зергерчилик өнөр тууралуу ар кыл макалаларга орун берди.

Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов чет өлкөлөрдөн келген инвестициялар, гранттар, кредиттер коррупцияга айланып кетишин, баш-аягы жок болуп, «сол чөнтөккө» түшүп, экономикалык жактан аксап жаткандыктын себептерин талдоого алган. «Кыргызстанда кен байлык, ресурстар арбын. Ошол ресурстарды ким бийликке келсе, алдатып, өздөрү кошулуп сатып кете берсе экологияны да бузат. Жерди дагы бузабыз, же көргөн пайдабыз жок» -деп улуттук кызыкчылыкты жогору коюу керектигин К. Идинов эскертет.

«Кылмыштуулукту жоюуга кудуретибиз жетет» -деген вице-премьер министр Шамиль Атахановдун интервьюсун басты. Анда ал уюшкан кылмыштуу топ Бакиевдин бийлиги учурунда күчөгөнүн, айрым генералдар менен кылмыштуу топ лидерлери бир үстөлдө чайлашып, бир муштумдай бирге иштеп калганы ачык айтылган. "Мамлекетибизде чындыкты, адилеттикти, тартипти тез арада орнотуу оңой иш эмес. Бирок азыркы бийликтин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө саясый эрки жетти", - деген Атаханов.


«Алиби»

Журналист Папан Дүйшөнбаев «Роза Отунбаева тарыхый мүмкүнчүлүктөрүн толук пайлана алабы?» деп суроо коюп, жооп издеген. Мамлекет башчысы коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы ачык күрөштү баштаганы, элдин духун ойготуп, «Манас» мурасына кайрылганы белгиленип, административдик аймактык реформаны ишке ашырса чоң милдетти чечип кетээр эле, -деп жазат автор.

«Бейнелерге сүртүмдөр» деген рубрикасында «Дат баскан «темир генерал» деп Феликс Куловдун ишмердүүлүгү талдоого алынган. Ал учурунда Аскар Акаевдин жанын койбой жүрүп, өкмөттөн темир-тесектерди жана башка чийки заттарды экспорттоого, бир катар стратегиялык материалдарды импорттоого укук алып, темир «королуна» айланган. Бирок Ф.Кулов чабал саясатчы экени, кыйын учурларда жоопкерчиликтен качып, ыңгайлуу кырдаалда популярдуу боло калганы, кекчилдиги, "темир генералдын" жумшарып, «жыгач генералга» айланганы, кыргызча жакшы билбегени, бирок куулугу, митаамдыгы талдоого алынган. Ошентсе да генералдык наамын эмгеги менен алганы эске салынат.

«Багы ачылбай калган мураскор» деп экс-ажо Аскар Акаевдин учурунда сот тармагын мыкчып турган Курманбек Осмоновдун бейнесин ачууга да аракет кылышкан. Биринчи ажонун Москвадан айтканына караганда, ал К.Осмонов менен Н.Касиевди мураскорлор катары карап жүргөн экен. Акаевдин ага чындап ыкласы түшүп, колдоп жүргөнү чындык»-деп жазат «Алиби».

«Фабула»

Журналист Баратбай Аракеевдин «Саясатта такшалып бүттүк, эми кара курсакты канттик?» деген макаласын басты. Анда кайсы гана бийликти кетирүү аракетинин башкы себеби, кара курсактын айынан келип чыгып жатканы, учурда эл курсагы тойбой, кайра кымбатчылык каптаганы, карапайым калк өлбөстүн күнүн эптеп көрүп калганы чучукка жете айтылган.

«Азыркы өкмөттүн курамына бакиевчилер да, иштин көзүн билбегендер кирип алганы, дале үч партия бийликти бөлүштүрө албай ыркырашканы айтылып, «өкмөттү Алмазбек Атамбаев өзү түзгөндө Жунусов, Ташбаев, Шакиев, Шадиев сыяктуу бакиевчилерди жакын жолотмок эмес. Анткени алар Бакиевге берилип калган, аны көңүлдөрүнөн чыгара алышпайт. Жаңы бийликке жан дилинен кызмат кылбайт»- деп күйүп бышат Аракеев.

Гезит азыркы өкмөттүн айрым мүчөлөрү журналисттерди «тартипке салуу жобосун» иштеп чыгууга, басма сөзгө чүлүк салууга аракет кыла баштаганын жаман жөрөлгө катары сыпаттап, коңгуроо какты. Бул аракеттер демократияны муунтууга барабар экени, сөз эркиндиги коркунучка кабылганы турганын, айрым журналисттер кээде аша чаап, калыстыктан тайган учурлар болгонун журналист Эртабылды Аттокуров жазды.

«Күн желеси»

Колунан көөрү төгүлгөн, кыргызды дүйнөгө таанытууга тилек кылган, 5-классында эле көргөзмөгө катышкан саймачы Асылбек кызы Ширин тууралуу макалага орун берди.
«Жумушум аябай оор. Анткени бүт иш кол эмгеги менен жасалат.Кол эмгеги чет өлкөлөрдө гана жогору бааланат. Улуттук кийимдерге сайма менен жаңы үлгү, стиль иштеп чыгам. Саймачылардын коомун, уюмун түзсөм деген тилегим бар»- деген Бишкек гуманитардык университеттин чыгыш таануу бөлүмүнун студенти Асылбек кызы Ширин.

«Бабалар мурасы» деп боз үйдүн ички жасалгасы: жел боо, кереге чалгыч, кереге көктөө, үзүк тууралуу кенен маалымат берилди.

«Обон»

Бул гезитке берген маегинде вице-премьр министр Ибрагим Жунусов студент кезинде далай мугалимдердин машиналарын жууганын, бир жыл бою Кара-Суу шаарынын көчөлөрүн шыпырганын, мушташа кетип окуудан чыгып калганын, чыгармачылыгына жары Чынара дем бергенин, ушактарга терикпестигин, бирок ал чыйралтаарын, напсиси ток адам бай болоорун, ашыкча дөөлөттүн кереги жоктугун кеңири айтып берген.

«Көкүрөк таза болуш керек. Көкүрөгүң кир болсо, ишиң илгери жүрбөйт» -дейт Ибрагим Жунусов.

Кышкы спорттун катыгын бергендер

Кышкы спорттун катыгын бергендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

"Азаттык плюс" журналисттер ортосундагы футбол таймашына, тоо лыжасына жана Чоң-Алай аймагындагы айылдык хоккейчилерге саякат жасады.

Кышкы спорттун катыгын бергендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00



Кышкы спорттун катыгын бергендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

"Ата-Түрктөгү" курулуштарга Жогорку Сот да жол ачты

"Ата-Түрк" паркындагы бак-дарактарды аёосуз кыйып, үй салуу аракеттери дале уланууда.

Жогорку Сот "Ата-Түрк" паркындагы курулуштарга коюлган мораторийди алып салган шаардык сот чечимин күчүндө калтырды.

Аталган сейил бак аймагынын жогору жагындагы бак-дарактардын кыйылып, жаңыдан курулуш иштери башталганына нааразы экологдор каршылык аракеттерин уланта беришерин айтышууда.

Соттор сейил бакты кыйратууга уруксат бердиби?

28-февралда Жогорку Сот “Ата-Түрк" сейил багынын тегерегинде салынып жаткан элиталык үйлөрдүн мыйзамдуулугун жабык талкуулады. Адвокат Игорь Трофимовдун айтымында, Жогорку Сот аталган сейил бактын тегерегиндеги курулуштарга коюлган мораторийди алып салган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.
"Ата-Түрк" паркына салынган үйлөр

- Факт боюнча Бишкек шаардык соту азыркы тапта сейил бакты кыйратып аткандарга мыйзамсыз курулуш иштерин улантууга уруксат берди. Ал эми Жогорку Сот Бишкек шаардык соттун бул чечимин дагы мыйзамдаштырып берди. Башкача айтканда соттор сейил бак аймагын андан ары кыйрата бергиле деп уруксат берип атат. Биз соттон мурда салынгандар го турсун, азыр куруп баштагандарды токтото туралы деп талап кылып атабыз. Эгер соттон жеңсек кайра үйлөрдү түрттүрөбүзбү? Андан көрө мыйзамсыз экени такталганча курулуш иштерин азыр токтото туруш керек.

“Ата-Түрк” сейил багынын жогору тарабында жалпы гүл бак тилкесине кирген бак-дарак, арча-карагайлардын туш-келди кыйылып, курулуш иштери башталганына нааразы экологдор Бишкек шаардык соттун чечимине каршы болуп Жогорку Сотко арызданышкан эле.

Эколог Алмаз Курманкулов сейил бактын Түштүк магистралга чейинки ондогон жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткенин айтат:

- Бул жерде берилип кеткен жер тилкеси жүздөн ашат го дейм, андан да көп. Бул бир гана токтом менен эмес, Октябрь акимчилиги, мэрия, шаардык кеңеш, республикадан дагы бере берген да. Ошондуктан кыйын болуп атпайбы такташ. Биз “Маалымат алуу укугу жөнүндө” мыйзамдын негизинде да маалымат сурасак бизге жооп бербей жатышат. Сот аркылуу кайрылсак да бербей жатат.

Азыркылар айыпты мурдагыларга оодарууда
2007-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бул бактын аймагында курулуп жаткан үйлөрдү көрүп, ага уруксат бергендерди жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөргөн. Бирок андан деле эч нерсе өзгөргөн жок...

Шаар бийлиги аталган сейил бактагы курулуш иштеринин мыйзамдуулугун иликтеп баштаганын “Азаттыкка” берген интервьюсунда мэр Иса Өмүркулов айткан. Башкалаа башчысы айрым соттор курулушту колдоп жаткандыктан, аны артка кайтаруу өтө оор болоорун белгилеген:

- Тилекке каршы Октябрь районунун акимчилигинин 412-токтомунун негизинде жерлердин баары мыйзамсыз берилген. Ошол мыйзамсыз берилген жерлерди бүгүн сот колдоду. Мен ошону токтотууга далбастап аракет кылдым, мыйзамсыз берилгенди сот мыйзамдаштырып берди. Ошонун негизинде курулуш иштери жүрүп жатса керек. Менин иштегениме 11 ай болуп калды, чиновник эмес, жөнөкөй жарандарга үй курууга жер берген жокмун.
"Ата-Түрк" паркына салынган үйлөр

Анткен менен адвокат Игорь Трофимов жашыл бакты жок кылууга каршы соттошпой коркуп жатат деп мэрияны сынга алды.

- Ооба, билем. Мэрия кантип соттошуп жатканын да билем. Мэрия кимге жер берилип калды, кимге берилбей калды, ким тизмени бузуп жер алып алды, мына ушуларды аныктап соттошуп атат. Алар бактардын мыйзамсыз кыйылып жатканына киришкенден коркуп атат. Бул жерде ар бир жер тилкеси эң аз десе он сотыхтан туура келет, андан азын көргөн эмесмин. Менин маалыматым боюнча, жердин бир сотыхы 40 миң доллар турат.

Сейил бактын тегерегиндеги мыйзамсыз делип аткан жерлер тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь районунун акиминин орун басары Уран Кожалиевге кайрылдык. Анткени “Ата-Түрк” ушул районго карайт экен. Кожоналиевдин айтымында, учурда курулуш иштери жүрүп жаткан жерлер мурдагы бийлик учурунда мэрия, анан аталган акимият тарабынан берилип калыптыр.

- Муну мыйзамдуу, мыйзамсыз деп айта албайм. Себеби соттун чечими бар. Соттун чечими болгондон кийин мыйзамдуу да.


- Канча жер тилкеси берилген эле?

- Ал боюнча архитектурага кайрылсаңыз. Менде андай маалымат жок, картасы да жок. Бул жерлер 2006-2007-жылдары берилген экен, бизде маалымат жок. Акимчиликтин токтому да жок, жоголуп кетиптир. Канча кишиге чыккан, кандай чыкканыны айтып бере албайбыз, башка кишилер иштеген маалда чыккан да.
Дарактар кыйылган жер

Жогорку Соттун чечиминен соң арыз ээси эколог Алмаз Курманкуловду кайсы жерлер үчүн соттошуп жатканын көрсөтүүнү өтүнүп, "Ата-Түрккө" бардык.

- Бул жерде арча аллеясы бар эле. Булардын калыңдыгы төрт-беш кулач болуп атат. Ушунча өсүш үчүн 30-40 жыл керек. Ушул жерден өздөрүнө суу өткөрүп, казганда арчалардын тамырын кыйган да. Ошондон куурап калды булар. Абдан сонун аллея болчу. Анан да булар сейрек кездешет, негизинен бул арчалар эндемик Кыргызстанда.

Жогорку Соттон болсо эмненин негизинде курулуш иштерин улантууга уруксат бергенин сурап, жооп ала алган жокпуз. Кыйылган бак-дарактарды, арчаларды көрсөтүп жаткан Курманкулов канткен менен баштаган ишин акыр аягына чыгараарына үмүт артат.

Маалыматка караганда, 1992-жылы Бишкек шаардык кеңеши "Ата-Түрк" багынын чегин аныктаган. 2002-жылдан бери ал жерде мыйзам бузуу менен 130 участок бөлүнүп берилген. 2007-жылы 16-майда ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бул бактын аймагында курулуп жаткан үйлөрдү жеринде көрүп, жеке үйлөрдү курууга уруксат берген чиновниктерди жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөргөн эле. Андан көп өтпөй "парктын айланасындагы үйлөрдү курууга уруксат берген" делип "Ата-Түрк" паркы жайгашкан райондун акими иштен алынган.

Ошол эле жылдары жергиликтүү маалымат булактарына сейил бактын айланасындагы үйлөрдүн кожоюндарынын тизмеси чыккан. Алардын катарында Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, депутат Курманбек Осмонов, мурдагы депутат Рашид Тагаев, мурдагы финансы министри Болот Абилдаев, ЖКнын экс-төрагасы Айтибай Тагаев, мурдагы айыл-чарба министри Александр Костюк, азыр Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев (ошол кездеги ички иштер министри), экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун жана башка мурда-кийинки бийлик төбөлдөрүнүн аттары аталган.

Жаңы медиа жандана баштады

28-февралда Бишкектеги Медиа симпозиумда интернеттеги жаңы медианын ролу күн санап өсүп бара жатканы белгиленди.

Кыргыз-түрк "Манас" университетиндеги жыйында маалымат таркатуу багытында бул тармак салттуу журналистика менен тең тайлаша баштаганы айтылды. Деген менен бир катар адистердин айтымында, Кыргызстан жаңы медиа багытында коңшу өлкөлөрдөн кыйла артта калып жатат. Буга интернеттин өлкөгө кеңири таркалбаганы себеп болууда.

Жаңы медиа ыкчам келет

Бир эле маалда радионун да, телевидениенин да, гезиттин да өзгөчөлүктөрүн курамына камтыган интернет булактарынын, же жаңы медианын күчү апрель жана июнь окуяларында айкын көрүндү дейт, “Жаны медиа институту” коомдук фондусунун жетекчиси Сергей Макаров.

Анын айтымында, бул окуялар учурунда интернеттеги Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык тармактар жана блогдор салттуу журналисттикага салыштырмалуу ыкчам маалымат берип турду:

- Интернет колдонуучулар жаңы медианын жардамы менен апрель окуялары учурунда ак үйдө снайперлер бар экендигин алгачкылардан болуп билишти. Анткени блоггерлер жана жаңы медианын өкүлдөрү окуя болуп жаткан учурда сүрөттөрү менен интернетке коюп турушту.


Адистер интернеттеги социалдык тармактардын натыйжасында журналистиканын мааниси да өзгөрө баштаганын белгилешүүдө. Жаңы медиа деп аталган интернет булактарынын кеңири таркалышы менен ар бир интернет колдонгон адам маалымат таркатуучу ролун аткара баштады.

Kloop.kg блог порталынын жетекчиси Бектур Искендер Фейсбук жана Твиттердин колдонуучулары жазган кабарларды журналисттер да тактап, өз макалаларында колдонуп жатканын ачыктады. Мындан улам жаңы медиа салттуу журналистиканын маалымат булагына айланганына көңүлүн бурат:

- Журналисттер буга чейин ойноп келген ролдорун аткара беришет. Салттуу журналистика менен жарандык журналистиканын ортосунда эч кандай атаандаштык болбошу керек. Тескерисинче алардын ортосунда абдан сонун жардамдашуу болот. Мындан улам журналисттер жаңы медиа менен иштөөнү үйрөшүнү керек. Анткени жарандык журналистика салттуу журналистика үчүн абдан жакшы маалымат булагы болуп саналат.

Интернеттин кеңири таркалбаганы жаңы медиага тоскоол
Жаңы медиа өнүкпөсө коомдун турмушу да өнүкпөй калышы мүмкүн.
...


Түркияда жаңы медиа кыйла өнүккөнүн түркиялык окумуштуу Эмине Явашгел белгилейт. Анын айтымында, ал өлкөдөгү айрым жогорку окуу жайларда жаңы медиа боюнча атайын бөлүмдөр ачыла баштады. Деген менен Кыргызстанда интернеттин кеңири таркалбаганы жаңы медианы тушап жатат дейт Явашгел:

- Жаңы медиа салттуу медиага салыштырмалуу таасири абдан күчтүү. Анткени маалымат берген адам менен алган адамдын ортосунда дайыма байланыш бар. Мындан сырткары бул тармак мултимедианы, же болбосо үндү, тексти жана видеону өз курамына камтыйт. Бирок Кыргызстандын аймактарына интернеттин жетпей жатканынан улам жаңы медиа өнүгө албай жатат. Жаңы медиа өнүкпөсө коомдун турмушу да өнүкпөй калышы мүмкүн.

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын маселелерин талкуулаган Медиа симпозиумда бир катар адистер жаңы медиа замандын талабы экендигин, расмий жана баланстуу маалыматка негизделген салттуу журналистикага муктаждык жоголбоорун баса белгилешти.

Ливиядагы кыргыз жарандарынын үчөө кайтып келди

Орусия Ливиядагы жарандарын бул өлкөдө окуя курчуп баштаганда эле чыгара баштаган. (Сүрөттө: Ливиядан Москвага түшкөн орус жарандары, 23-февраль.)

Ливиядагы кыргызстандыктардан үчөө өткөн түнү мекенине кайтып келди. Бул өлкөдө дагы канча кыргыз жараны бар экени азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ливиядагы кыргыз студенттеринен үчөө Украин өкмөтүнүн жардамы менен Киевге түшүп, андан бери Алматы аркылуу Бишкекке келгенин кабарлады.

Адегенде Кыргызстанга кайтууну каалаган эмеспиз

Кыргызстанга кайткан үч жарандын алды үйүнө келип калды. Дагы бирөөсү Украина башкалаасы Киевден шыр эле Москвадагы туугандарына жөнөгөн. Ливиядан келген Адилет Койчуманов киндик каны тамган Нарынга ашыгып кетип жаткан жеринен «Азаттыкка» буларды кеп салды:

- Триполинин чет жакасында жайгашкан университетте окучубуз. Негизи Кыргызстандан бешөөбүз болчубуз, үчөөбүз кайтып, экөөсү калган. Азыр ал экөөсүн да чыкты деп уктук. Жакында келип калат.

Өткөн жума күнү Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта Ливиядагы кыргызстандыктар мекенине кайтуудан баш тарткандыгы айтылган эле. Бул тууралуу Койчуманов мындай деди:

- Триполиде тынч эле болчу. Эч нерсе деле болгон эмес. Биз универсиеттик шаарчада болчубуз. Университеттин ректору “азыр тынч эле, эгер бир нерсе болсо биз өзүбүз жиберебиз” деген. Мен да ошол маалыматка таянып айткан болчумун. Бирок Украинанын, Казакстандын элчиликтери кетириш керек деп чечип, ал жактык балдар кете баштаганда биз дагы жөнөдүк. Казакстандын элчилиги жардам берип, Украинага жеттик. Украинадан Алматыга, андан Бишкекке келдик.

Койчумановдон пикиринде, Ливияда калктын турмушу жакшы. Андыктан элдин көчөгө эмне үчүн чыгып жаткандыгын билбейт экен. Толкундоолор болгонуна карбай, Муаммар Каддафини колдогондор да бар:

- Жакшы эле жашашат негизи, мындай карасак. Алардын эмне үчүн чыгып жатышкандыгын билбейбиз. Кээ бирөөлөр Каддафини колдошот, кээ бирөөлөрү каршы. Бирок Триполинин өзүндө элдин көпчүлүгү президент тарапта болуш керек.

Койчуманов Триполидеги Ислам Университетинде үчүнчү курста окуп жаткан. Эми Ливияга кетпестигин, анын кажети жоктугун кошумчалады.

Ливияда дагы канча кыргыз жараны калды?

Бул студент жигит Триполиде өзүн кошкондо беш кыргыз студенти бар экенин гана билээрин айтат. Бирок тышкы иштер министрлиги аталган өлкөдө дагы он чакты кыргыз жараны болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

ТИМдин Консулдук башкармалыгынын өкүлү Алмаз Имангазиевдин айтымында, Ливия менен байланышуу кыйынга турууда. Телефон байланышы, интернет бирде иштеп, бирде иштебей үзгүлтүккө учурап жатат:

- Аларды чыгарып кетүүгө биз даярбыз. Түркия, Орусия, Украина жана Казакстандагы элчиликтер менен дайыма байланышта болуп жатабыз. Биздин жарандар аларга кайрылса, бул мамлекеттер чыгарып кетүүгө даяр. Расмий эмес маалыматтарда дагы сегиз-он адамды чыгарып кеткени жатабыз. Бул азырынча бекемделбеген маалымат. Алар менен Түркиядагы жана Сауд Арабстандагы элчиликтер байланышып жатат.

Мындан тышкары тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Йеменде 29 жаран бар. Булар келишим менен иштеген дарыгерлер. Жалпы араб өлкөлөрүндө Кыргызстандын 500 чамалуу жараны болушу мүмкүн:

- Консулдук эсеп боюнча Египетте 286 жараныбыз бар болчу. Алардын баары кошулганда 500дүн тегереги болот. Бул жалпы Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөгү жарандардын саны .
Кыргыз бийликтери Египеттеги элдик толкундоолор маалында Кыргызстанга 122 жаранды чыгарып келген. Эми Ливиядагы жарандарды алып келе баштады. ТИМ зарылчылык болсо кыргыз тарап толкундоолор болуп жаткан бардык өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды алып келүүгө даяр экенин билдирүүдө.

Кыргызстанда эрендер кармашы болду

Бишкекте эрежесиз эр кармаш боюнча Азия чемпионаты өттү. Бильярддан дүйнөнүн 3 жолку чемпиону К.Сагынбаев Орусияга дүйнө Кубогуна катышмакчы.

Эрендер кармашы

Эрежесиз эр кармаштын Азия чемпионатына Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40 балбан катышты. Мыктылар иргелип отуруп, 85 кг. салмакка чейинкилердин финалында кыргызстандык Жолон Айдаров казакстандык Игорь Свиридовго жеңилип калды.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин бөлүм башчысы Канат Арапчиев Азия чемпионаты курч мүнөздө өткөнүн айтып, оор салмакта кыргызстандык Рашид Аманкулов жеңгенин “Азаттыкка” билдирди.
Күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан Азиянын көп жолку чемпиону, кыргызстандык Алмаз Акун менен казакстандык Наби Набиевдин ортосундагы супер кармаш болду. Таймашуу жаңы башталганда эле 2 мүнөткө жеткирбей Алмаз Акун атаандашын көтөрүп чаап, муунтуп жеңип алды.

Жоокерди эскерүү мелдеши

Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү. Ал интернационалист жоокер, “Кызыл жылдыз” орденинин ээси Виктор Москальченкону эскерүүгө арналды.
Мелдешке Казакстан менен Кыргызстандан 50дөн ашык балбан катышты. Өздөрүнүн салмагы боюнча кыргызстандык Нурболот Номтенов, казакстандык Анархан Азмаганбетов, Айбек Марданов биринчиликке жетишти.

Жаз чакырган жарыш

20-мартта Орто-Сай айылында “Жаз белгиси” деген велосипед жарышы болот. Бул жарыш тоо шартында велосипед тебүүнү жана калк арасында велоспортун өөрчүтүү, спорттун ушул түрү боюнча жаш таланттарды аныктоо жана жаштарды көбүрөөк тартуу максатында жүргүзүлмөкчү.
Бул мелдешке 1991-1987-жылдарда жана 1979-1986-жылдарда төрөлгөн жаштар, уландар катышат.
Мелдешти Бишкектеги Свердлов районунун балдардын ден соолугун чыңдоочу “Алтын дөңгөлөк” вело клубу уюштурганы камылга көрүүдө.

Караколдогу таймаш

Ысык-Көл облусунда дзюдо боюнча республиканын биринчилиги болду.
Мелдешке 1995-1996-жылдарда туулган уландар менен кыздар катышты.

Кыргызстандын дзю-до федерациясы бул спортту өлкөнүн аймактарында өнүктүрүү максатында чемпионатты Ысык-Көлдө өткөрдү.
Мелдештин жеңүүчүлөрү 27-февралда аныкталды.

Жолу болбогон-бильярдчылар

Кыргызстандын бильярдчылары Казакстандын Алматы шаарында өткөн дүйнө чемпионатына катышып, куру кол келишти. Казакстандык Эрнар Чимбаевге уттуруп койгон дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаевдин жолу болбоду. Өзбекстандык Зухриддин Хашимовго уттулуп калган Сапар Алыкулов менен Казакстандын атынан ойноп жүргөн Кубаныч Сагындыковдон кыргызстандык Качкынбай Нурумбетов да жеңилип, оюндан чектеп калышты. Ошентип, оюнчулар эрте эле оюндан чыгып калышты.
Кыргызстандан дүйнөлүк чемпинатка бардыгы болуп 9 бильярдчы барган.
Бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев Орусиянын Югорск шаарына аттанып кетти. Бул жерде бильярддын “Эркин пирамида” түрүнөн дүйнө Кубогунун экинчи этабы 1- мартта башталат.

Атын атаса, куту сүйүнөт

Бул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында чангы (лыжа) жарыштары боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып жатат. Чангы жарыштарына катышкан 120 спортчудан кыргызстандык Артем Рожин марага 79- болуп келди.
Ал 30 км. аралыкка чангы жарышында деле ийгилик жарата албады.

Эмкиде жолуңар болоор..

27-февралда Польшанын борбору Варшавада дзю-до күрөшүнөн дүйнө Кубогу үчүн күч сынашуулары жыйнтыкталды. Кыргызстандан барган 4 жигит: Азат Кубакаев, Ислам Баялинов, Чынгыз Мамедов жана Юрий Краковецкий мыктылардын сабына кошулбай калышты.
90 кг салмактагы Чыңгыз Мамедов биринчи атаандашы, америкалык Бобби Лини жеңгенде үмүт жанган. Бирок, экинчи таймашууда украиналык Куеджау Нхабалиге алдырып койду.
66 кг салмакта өлкө намысын коргогон Ислам Баялинов казакстандык Арсен Хатиптен жеңилүү ызасын тартып калды.
73 кг. салмакта күрөшкөн Азат Кубакаевдин өнөрүн дзю-до адистери дурус баалады. Себеби биринчи атаандашы испаниялык Пабло Санчес Гарсия Монкону утуп, Азат экинчи атаандашы словакиялык Мартин Загоровду дагы жеңип алды. Кийинки үчүнчү атаандашы- эстониялык Кунтер Ротберг артыкчылык кылып, аз упай айырма менен Азат Кубакаев утулуп калды.

Ош -Спартакиадага даярданууда

Келаткан жайда Ош шаарында спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча республикалык спартакиада болмокчу. Бул тууралуу Ош шаарынын спорт комитетинин жетекчиси Замир Аскаров “Азаттыкка” билдирди.
-Бул үчүн Султан Ибраимов атындагы стадионду, спорт мекемелерин, спорттук ареналарды оңдоо жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо жагы колго алынууда.Уюштуру иштерин жүргүзүүгө чоң күч аракет жумшалат жана жогорку деңгээлде өткөрүүбүз зарыл. Бул иш-чара өтүп калса, шаарда бир аз тартип, тазалык мурдагыдан дагы жакшырып калат,-дейт Замир Аскаров.

"Интернет эрөөлгө" министр Айгүл Рыскулова катышты

Кыргызстандын Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова “Азаттык” үналгысынын “Интернет эрөөлүнүн” коногу катары окурмандардын суроолоруна түз жыйында жооп берди. 2 сааттык түз жыйын 2011-жылдын 2-мартында саат 15:00-17:00де болду.

Кыргызстандын Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова окурмандарыбыз менен түз жыйында баарлашты. Министр айымга калктын турмушу начар катмарына, кароосуз жана жетим балдарга, кары-картаңдарга, майып жарандарга мамлекет кандай камкордук көрөөрүнө жана көрүп жатканына, гендер саясатына байланыштуу суроолор узатылды. Интернеттеги түз жыйын бүгүн (2011-жылы 2-мартта) Бишкек убакыты боюнча саат 15:00те башталып, саат 17:00де бүттү.

Рыскулова айымдын көп жылдар бою миграция жаатындагы тажрыйбасын эске алуу менен бул маселе боюнча да ой-пикирлер узатылган, аларга да кыскача жооп алынды.

Шеринелик эрежебизге ылайык келбеген суроолор эч түшпөгөндүгүн да эскерте кетмекчибиз.

"Интернет эрөөлдүн" буга чейинки коноктору - "Ата Мекен" Социалисттик партиясынын жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев жана ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев болгон.

"Интернет эрөөлдө" - министр Айгүл Рыскулова
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
Түз линк

Кадамжайдагы кыргыз-түрк лицейинде өрт чыкты

Тилсиз жоо лицейдин 320 орундуу жатаканасынын чатырын жалмап кетип, окуу убактылуу токтотулду.

Кадамжай районунун акими Токтомат Ганиев бул кырсык боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Өрт качан чыкты?

Токтомат Ганиев: Кечээ саат бештен элүү мүнөт өткөндө түрк лицейинде өрт чыкты деп өрт кызматына чалышкан. Алар өзгөчө кырдаал министрлигине чыгышып, өрт өчүрүүчүлөр 3 мүнөттүн ичинде жетип келишкен. Өрт кызматы жакын эле да. Бул имарат 1956-жылы курулган. Түрк лицейинин окуу корпусу менен жатаканасы өзүнчө бөлүнгөн. Жатаканасынын ичинде, экинчи кабатта спортзал бар. Ошондон өрт чыкты. Башында ошо электр зымдарынан өрт чыккан экен. Балдар топ ойноп жатып тийип кеткенби, билбейм... Өрт чыккан учурда ал жерде эч ким болбосо керек, ошентип күчөп кеткен.

“Азаттык”: Топ тийип кетип, зымдан өрт чыкты деп жатасыздарбы?

Токтомат Ганиев: Өрт ошол электр зымдарынан чыккан. Өрт чыккан жерге эч кимдин колу жетпейт. Ал жерге барып, эч ким өрт чыгара алмак эмес.

“Азаттык”: Анда топ тийген электр зымдары жылаңач бекен?

Токтомат Ганиев: Лампочка асылып турган жерге топ тийгенде ошол зым кичине бүктөлүп калган экен. Ошондо алюминий зым менен жез зым уланган жер жабышып калганбы, ошонусу күйүп кетиптир. Азыр иликтенип жатат. Биздин оюбузча, ошол автомат туура эмес, “кыргызча” коюлуп калган. Себеби нормалдуу таштай турган автомат коюлган болсо мындай болмок эмес. Чоң автомат коюлуп калганбы деп ойлоп жатам.

“Азаттык”: “Кыргызча” коюлуп калган дегенди кандай түшүнсө болот?

Токтомат Ганиев: Эми бир аз чоң автомат коюлуп калган. Дароо таштаган эмес. Электр зымдарында от чыкканда автомат дароо таштап койгондо чоң өрт болбойт эле деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: Демек, автомат дароо өзү өчүшү керек беле?

Токтомат Ганиев: Ооба өчүп калмак. Автоматтуу түрдө өчүп калмак.

“Азаттык”: А эмне себептен ошондой туура эмес автомат коюлуп калган, ага көңүл бурулган эмеспи?

Токтомат Ганиев: Билбейбиз аны. Аны азыр иликтеп жатышат. Анан өрт чыкканда чатырга жетип күйдү, балдар оперативдүү түрдө иштешти. Чатырдын үстү мурун бетон плитасы менен жабылган экен. 10 жыл мурун имаратты түрктөр алып, үстүн шифер, темир менен жапкан. Аны шамал учуруп кетпесин деп төмөн жаап койгондуктан, ичине эч ким кире албайт экен. Анан кечки алтыдан баштап тогузга чейин күйүп турду. Тогузда өчтү.

“Азаттык”: Саат бештен баштап, тогузга чейин өчпөй турса, чоң эле өрт чыккан экен да ?

Токтомат Ганиев: Эми чатыр толук күйдү да.

“Азаттык”: Ар бир мекемеде өрттүн алдын алуу үчүн коопсуздук эрежелери, шаймандары болот эмеспи. Ошол эрежелер сакталганбы?

Токтомат Ганиев: Бардыгы болгон. Анткени түрктөр ага өтө көңүл бурушат. Чатырдын астына кирип өчүрүү кыйын болду. Бирок беш өрт өчүрүүчү унаа аябай жакшы иштеди. Өрттү спортзалдан чыгарбай жакшы иштеди. Анын үстүнө спортзалдын устундары да жыгач экен.

“Азаттык”: Эми окуу качан башталат?

Токтомат Ганиев: Балдар азыр окуган жок. Түнү менен балдарды жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө бөлүп жаткырганбыз. Балким аларга 10 күндөй эс алуу беребизби деп турабыз. Азыр Бишкектен "Себаттын" жетекчилерин күтүп жатабыз. Жыйырма күндөн кийин балдар каникулга чыкмак. Балким ошонун эсебинен береттирбиз.

“Азаттык”: Балдардан жабыркагандар болгон жокпу?

Токтомат Ганиев: Эч кандай, бир да адам жабыркаган жок.

“Азаттык”: Кандай чыгым тартышты?

Токтомат Ганиев: Азыр комиссия эсептеп жатат.

“Азаттык”:
Рахмат маегиңизге.

Ливиядан үч кыргыз жараны кайтып келди

Ливиядагы нааразылык, 27-февраль.

Кыргызстандык жарандар кырдаал курчуган өлкөдөн мекенине Украин өкмөтүнүн жардамы менен Киев, Алматы шаарлары аркылуу кайтып келди.

Алар 26-февралда Украинанын учагы менен Ливиянын борбору Триполиден Киевге түшкөн эле. Учакта Украинанын 50 жараны, Орусиянын 19, Азербайжандын 14, Казакстандын 4, Кыргызстандын 3, Беларусиянын 2, Түркия менен Босния-Герцоговинанын бирден жарандары болгон.

Ливиядан келген кыргыз жарандарын Киевде кыргыз элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырып, тамак-аш уюштуруп, Бишкекке жиберүүгө жардам беришкенин ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстанга кайтып келгендер Ливиянын борбору Триполи шаарында исламдык окуу жайда окуп жатышкан студенттер экен. Аталган өлкөдө буга чейин алты кыргызстандык студент билим алып жүргөнү айтылган.

Ливиядан келген үч студенттин бири - Адилет Койчуманов "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, алар Триполидеги студенттер шаарчасынан сыртка чыкпаганын, анан чогуу окуган казак, украин студенттери жөнөгөндө алар менен кошо келе бергенин билдирди. Анын айтымында, алар менен чогуу окуган дагы эки кыргыз студент Триполиден чыкканы тууралуу маалымат бар, бирок кайсы багыт менен чыкканы белгисиз.

Бул арада Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгы Ливиядан бийликке каршы көтөрүлүш башталгандан бери 100 миңден ашуун киши чыгып кеткенин кабарлады. Өлкөдөн кеткендердин басымдуу көпчүлүгү чет элдик жумушчулар, 2 жарым миңден ашууну ливиялык жарандар.

Акелеев: Көмүскө экономикага чиновниктер кызыкдар

Өкмөттүн натыйжалуу иштөөсү туурасында “Промо танк” компаниясынын директору Азамат Акелеев айтып берди.

“Азаттык”: Сиз эксперт катары бюджет тууралуу талкууларга аралашып келатасыз. Кандай дейсиз, ушул жылдын бюджетинин долбоорунда мамлекет короткон каражат көптүк кылып жаткан жокпу? Анын үстүнө мамлекет каражатты натыйжалуу пайдаланбай атканы, чиновниктердин саны керек болгондон көп экени туурасында көптөгөн суроолор бар.

Азамат Акелеев: Ооба. Быйыл бизде мамлекеттин короткон акчасы, чыгашасы 37 пайыз болуп, былтыркыга караганда көбөйгөнү көрүнүп атат. Экономикабыздын ичинде мамлекеттин көлөмү дээрлик 37 пайызды түзүп атат. Бул деген кээ бир экономисттердин айтканы боюнча, абдан эле чоң көлөм болуп атат. Мисалы, башка мамлекеттерде бул көрсөткүч 20-25 пайыздан ашпаш керек. Маселен Швейцарияда, АКШда мамлекеттин экономикадагы көлөмү 20 пайыздан ашпайт экен.

“Азаттык”: Ошол мамлекет короткон жалпы акчабы?

Акелеев: Ооба, короткон акчалары. Дагы айта кетчү нерсе, биздин жалпы дүң өнүмдүн 8 пайызы мамлекеттик аппараттарды кармоого кетет экен. Бардыгы болуп бизде бюджетте отурган 250 миң киши бар. Буларды башка мамлекеттерге салыштырсак, биздики абдан көптүк кылат экен.

Мисалы мен карап көрдүм, Жапонияда бюджетте иштегендердин саны 0,5 пайызды гана түзөт экен. Бизде болсо 6,4 пайызды түзүп атат. Караңызчы канчалаган эсе чоң. Айтор бизде бюджетте отургандардын саны, мамлекеттин каржылоосу башкаларга салыштырмалуу көптүк кылат экен.

“Азаттык”: Өкмөттүн ишин жакшыртуу, натыйжалуулугун арттыруу боюнча ар кандай сунуштар айтылып атат. Маселен, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун айрым адистери министрликтердин санын беш кылып кыскартса болорун айтып чыгышты. Өкмөттүн ишин жакшыртуу үчүн эмне керек?

Акелеев: Эми бул жерде бюджеттегилердин саны бир маселе, продуктивдүү иштөөсү башка маселе да. Бул жерде деген пландуу, стратегиялуу түрдө жумуштар жүрүш керек. Кантип мамлекеттик кызматкерлерди жакшылап шыктандыра алабыз? Алардын натыйжалуу иштешин кантип камсыз кылабыз? Маселенин баары ошондо да.

“Азаттык”: Кыргызстандын экономикасынын 70-80 пайызга жакыны көмүскөдө экенин адистер айтып чыгышпадыбы. Бул – ошол өкмөттүн иши канчалык деңгээлде натыйжалуу болуп атканын көрсөтүп турса керек. Азыркы өкмөттүн көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, натыйжалуу иштөө жаатында аракетин байкап атабызбы? Деги ушундай каалоо байкалабы?

Акелеев:
Бул жагынан натыйжа жок болуп атат. Анткени көп учурда бир топ мамлекеттик жетекчилер үчүн экономиканын көмүскөдө турушу пайдалуу болуп атат. Экономика көмүскө болгон маалда, кирешелердин кайсы бир бөлүгү чиновниктерге да түшүп турат. Алар ошондуктан кызыкдар болуп атат. Ошол себептүү бир катар жетекчилер экономиканы көмүмскөдөн чыгарууга шарт түзбөй, тескерисинче жолтоо болуп атышат.

“Азаттык”: Рахмат.

Өрттөн каза тапкандардын саны эки эсе өстү

Быйылкы жылдын 2 айында эле Кыргызстанда 535 өрт кырсыгы катталган.

Өрт коопсуздугу агенттигинин бөлүм башчысы, полковник Нурлан Ташмамбетов Кыргызстанда өрттөн ажал тапкандардын саны эки эсеге өскөнүн айтууда.

“Азаттык”: Кечээ Баткен облусундагы Кадамжай шаарчасындагы кыргыз-түрк лицейинде өрт чыгып, окуу жайдын 320 орундук жатаканасы олуттуу жабыр тарткан экен. Ушундай өрт чыгып, чоң материалдык чыгымдарды алып келип атканына бат-баттан эле күбө болуп атабыз. Айтсаңыз, өрт коопсуздугу жаатында коомчулуктун маалымдуулугу канчалык болуп атат? Өрт коопсуздугун сактоо, бул боюнча талап кылынган инструкцияларды аткаруу жаатында жылыштар барбы, өткөн жылдарга салыштырмалуу өрт чыккан учурлар азайдыбы?

Нурлан Ташмамбетов: Эгерде статистикага кайрыла турган болсок, 2011-жылдын 2 айында эле өлкөбүздө 535 өрт кырсыгы катталган. Мындан материалдык чыгым 17 миллион сомдон ашык болгон. Бул өрт кырсыктарынын натыйжасында жалындан жана түтүндөн 27 адам өлгөн, алардын алтоосу жаш балдар. Ошол өрттөрдөн 11 адам ар кандай даражада күйүк жаракат алышып, алардын үчөө жаш бала болуп атат.

Адамдардын өлүмү менен коштолгон өрттөрдүн негизги себеби, бул бизде от жагуучу мештерди колдонууда эрежелердин бузулушунан чыгып атат. Экинчи себебинин бири, турмуш-тиричилик электр жабдыктарын колдонууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан болуп атат. Андан кийин эле, адамдардын тамеки чегүүдөгү этиятсыздыгын айтсак болот.

Эгер салыштырып кете турган болсок, анализдеп келгенде эки эсеге көбөйдү. Анткени былтыркы жылдын ушул эле эки айында 11 адам өрттөн өлгөн болсо, азыр 27 адам каза болуп атат.

Эми ошол өрттөрдү, адам өлүмүн азайтуу боюнча биздин орт коопсуздугу агенттиги тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүп атат. Бизде негизги алдын-алуу иштери болуп, бул – үгүт-насаат иштери эсептелинет. Ошого байланыштуу биз бардык тармактарга, тиричилик жайларына өзүбүздүн өрт коопсуздугу жөнүндө ар кандай инструкцияларды айтып, маалымат каражаттарынан да сүйлөп атабыз. Мына мисалы ушул эки айдын ичинде эле 139 макала жарыяладык. Телерадиого 105 жолу чыгып сүйлөп, ар кандай чараларды көрүп атабыз. Бирок ошого карабай өрттүн саны өсүп атат. Бул эми негизи, кышында өрт саны көбөйөт да, ошондон болуп атат. Адамдардын отту пайдалануудагы этиятсыздыганан болуп атат.

“Азаттык”: Бул эми адамдардын материалдык мүмкүнчүлүгүнө дагы жараша болсо керек да. Себеби, материалдык мүмкүнчүлүгү начар болсо, ошого жараша техникалык каражаттарынын сапаты начар. Ал эми колго жасалган жылыткычтар күйүп кетүү коркунучу чоң. Ошентсе да ар бир жаран үй-мүлкүн, там-ташын тилсиз жоо коркунучунан сактоо үчүн кандай чара көрүшү керек?

Нурлан Ташмамбетов: Негизинен, анализдеп келгенде чынында эле өрттүн саны адамдардын каржы жагынан начар, тартыш болгонунан чыгып атат. Жана сиз айткандай, көбү коопсуздук жагы эске алынбай туруп колго жасалган электр жабдыктарынан чыгат. Эгерде алар бардык жагы эске алынып, заводдон чыгып келген жабдыктарды колдонушса өрттүн саны азаймак. Экинчиден, адамдардын аракечтигин белгилеп кетүү керек. Алар мас абалында тамеки чегип, анан уктап калып, ошондон өрт чыгып атат.

Эми эмне дейбиз, жарандарга мындай деп айтып кетет элек. Ушундай кайгылуу кырсыктарды болтурбоо үчүн - отту колдонууда, электр жабдыктарын колдонууда, тамеки чегүүдө адамдар этият болушу керек. Сак болушу керек.

Кыргызстандагы «кетсинизм» дүйнөлөштү

Кыргызстандагы Апрел Ыңкылабы, 2010-жыл

ЕККУнун Венадагы жыйынында Кыргызстандагы абал талкууланып, аймактык коопсуздук жана саясий маселелер, иммиграция менен интеграция сөзгө алынды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттер ассамблеясынын 10-кышкы жыйынына Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков жана «Республика» фракциясынын башчысы Канатбек Исаев катышты.

Кыргызстан боюнча талкууда ЕККУнун Парламенттер ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Кильюнен менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баяндама жасашты. Жыйын cоңунда «Азаттык» телефон аркылуу Өмүрбек Текебаев менен байланышты.

Түндүк Африка, Кыргызстандагы окуялардын тамыры бир

Текебаев: Кыргызстанда 2005 жана 2010-жылы болгон революциялык өзгөрүүлөр Кыргызстанга гана мүнөздүү болгон кокустук эмес. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция, тарыхый зарылдык, муктаждыктан келип чыккан процесттин бир көрүнүшү катары баа бердим. Аны Түндүк Африкада болуп жаткан окуялар менен салыштырып бекемдедим.

Бардык жерде Түндүк Африкада, Кыргызстандагы окуялардын тамыры бир. Бул жеке адамдын башкаруусунан, авторитардык режимден жадагандык, өлкөнүн саясатын, экономикасын жеке адамдын кызыкчылыгына байлап, ага багындырганына элдин нааразылыгы. Ошондой эле демократиялык нормалар, адам укуктары сакталбастан, өлкөнүн, өз тагдырына таасир эте албагандан кийинки үмүтсүздүктөн кийин адамдар көтөрүлүштү.

Египеттеги "Мубарак, кет!" деген чакырыктар, Каир шаары, 1-феврал, 2011-ж

Кыргызстандын «кетсинизми», «кет!» деген бул бийлик алмашып, коррупциялашкан, туугандашкан тартип алмашып, жаңы заман келсин дегенди билдирет. Мына ошол «кет!» деген ураан Аравия жарым аралындагы өлкөлөрдө дагы тарап отурат. Мунун өзү Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жалпы дүйнөлүк, глобалдык кубулуштун башталышы болгондугун билдирет.

Кыргызстанда биз ошол кырдаалдан кантип чыктык, мен ошону баса белгиледим. Биз демократиялык системасын түзүп, саясий атаандыштыкка негизделген парламенттик системага өттүк, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну бекемдедик жана сот системасын толугу менен реформалап жатабыз. Мына ушул реформалардын жүрүшүндө Кыргызстандагы тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар жөнүндө дагы айттым.

Анткени биздин жолубуз, биздин кыйынчылыктар, аларды чечүү жолдору учурда Кыргызстандагыдай окуялар болуп жаткан онго чукул өлкөлөргө сабак болот деген ниетте алар дагы эмнеден сактанышы керек, кырдаалдан кандай чыгышы керек, ушулар тууралуу өз пикиримди айттым.

ЕККУ жыйынында Кыргызстан боюнча «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ЕККУнун Парламенттер ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен баяндама жасады, Вена, 24-25-феврал, 2011-ж

"Азаттык": Эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн «Кыргызстанда демократиялык өзгөрүштөр болуп жатат» деген сөзүңүз канчалык ынадырды деп ойлойсуз?

Текебаев: Кыргызстан жөнүндө абдан көп сөздөр айтылды. Башка маселелер талкууланып жатканда дагы сүйлөгөндөр Кыргызстандагы кырдаалга кабатыр болгонун жашырган жок. Түндүк Африкадагы болуп жаткан окуялар Кыргызстандагы окуялардын актуалдуулугун күчөттү. Анткени бул чоң глобалдык масштабдагы революциялык кыймыл, революциялык өзгөрүштөр. Мындан ары ал өлкөлөрдө кандай болот, кимдер бийликке келет – бул абдан маанилүү. Буга эч кимдин азырынча акыл-ою жетпей турган чак.

Кыргызстандын демократиялык реформа тажрыйбасы эл аралык деңгээлде дагы пайдалуу болушу мүмкүн. Албетте Кыргызстанда демократиялык өзгөрүштөр болуп жаткандыгын бардыгы билет. ЕККУнун 56 мүчөсү бар, алардын ичинен 11 өлкөдө гана жалган-жалаа, ушак таратуу боюнча кылмыш жазасы алынып салынган. Калган өлкөлөрдө журналисттер, саясатчылар өздөрүнүн ой-пикирлерин тараткандыгы үчүн жоопко тартылат. Мына ошол 11 өлкөнүн бири Кыргызстан. Бул деген Кыргызстан демократияга чечкиндүү кадам таштап, артка кайтпастыгынын далили боло алат.

Сүйлөгөндөрдүн көбү Беларустагы шайлоолорду абдан кескин сынга алышты. Ошол эле кезде айрымдар Кыргызстадагы өткөн шайлоо биздин демократияга карай чечкиндүү кадамыбыздын даилили экенин эскертип айтышты.

Пост-советтик түзүлүштөр кыйроо алдында

"Азаттык":
«Автритардык бийлик кайсы өлкөнү болбосун кыйроого алып келет», деп жатасыз. Азыр уланып жаткан ыңкылаптардын нугу Борбор Азиядагы авторитардык өлкөлөргө дагы келет деп ойлойсузбу?

Текебаев: Сөзсүз. Мен пост-советтик мамлекеттик түзүлүштөр, саясий системалар кризистин жеткен жерине жетип, мындан ары мүмкүнчүлүгүн жоготту жана андай системалар кыйроонун алдында турат деп айттым. Биздин коңшу өлкөлөрдө дагы мына ошондой кризистин белгиси байкалгандыктан, Өзбекстан, Казакстан, Орусияда саясий модернизация деп, системаны реформалоо жөнүндө сөз башталып калды. Алар дагы өзгөрүүдөн сыртта калуу мүмкүн эместигин билип, ар кандай реформаларды жасап, өз режимдерин сактап калууга аракет кылып жатат.

"Азаттык": Беш жылдын ичинде эки ыңкылапты баштан кечирген Кыргызстан глобалдык өзгөрүүнүн алдында деп ишенесизби?

Текебаев: Глобалдык революциялык өзгөрүүлөр болуп жатат. Ал талашсыз, жыйында дагы айтылды. Кыргызстандагы ыңкылаптар кыргыздарга гана мүнөздүү болгон кокустуктан болгон окуя эместигин, 5 жыл ичинде эл башкаруучу режимге каршы тынымсыз күрөшүп, дүйнөлүк кубулушту алдын-ала сезип, Кыргызстан биринчи баштаганы айдан ачык тастыкталган факт болуп калды.

"Азаттык": ЕККУ жыйынында Кыргызстанга экономикалык жардам берүү жагы айтылдыбы?

Текебаев: Жыйында чыгып сүйлөгөн бир топ адамдар бул маселени козгоду. Өзгөчө Франциянын өкүлү Кыргызстандагы демократиялык процесстерди саясий жана моралдык жактан гана колдобостон, экономикалык проблемаларын жөнгөн салып, аларды чечкенге жардам бериш керек деген сунушун айтты. ЕККУ мүчөлөрүнүн арасында Кыргызстанга экономикалык жардам берүү жөнүндө пикир бар.

Транзиттик борбор менен келишимди кайра түзүү маселеси козголууда

Парламенттеги оппозциячыл депутаттар АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборуна келчү авиакеросинге атайын төлөм киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

Ал үчүн эки өлкө ортосундагы келишимди кайра кароого туура келет. АКШ тарап 2009-жылкы эки тараптуу келишимге ылайык эч кандай төлөм, же салык салынбай тургандыгын билдирип келет.

Атайын төлөм 1 млрд. 880 млн. сом бюджетке алып келет

“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборуна келчү авиакеросинге атайын төлөм киргизүү демилгелерин парламенттеги “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын айрым депуттаттары көтөрүшүүдө.

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун айтымында, эгер атайын төлөм киргизилсе, транзиттик борборго май ташыган компаниялар авиакеросиндин бир тоннасына жүз доллардан салык төлөөгө милдеттүү болот. Бул төлөмдөрдөн түшкөн каражат бюджеттин кемтигин бүтөөгө сарпталат:

Акылбек Жапаров
- Эң эле жок дегенде, минималдуу түрдө транзиттик борборго жылына 388 миң тонна авиакеросин келет экен. Салык киргизилсе, 1 миллиард 880 миллион сом түздөн-түз бюджетке түшөт экен. Бул акча бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жатат.

Деген менен атайын төлөмдү киргизүү үчүн АКШ менен Кыргызстандын ортосунда 2009-жылы кабыл алынган келишимди кайра кароого туура келүүдө. Акылбек Жапаров бул келишимди кайра карап, жаңы төлөм киргизүүгө азыркы Конституция мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт:

- Азыр жаңы Конституцияга ылайык, эгерде эл аралык келишимдер парламентте ратификациядан өтсө, анда Кыргызстандын мыйзамдары катары эле эсептелинет. 2009-жылкы, мурдагы Конституция боюнча “ички мыйзамдар иштебейт, өкмөттөр арасындагы ратификацияланган келишимдер гана өйдө турат” деп белгиленген. Биз ушуну эске алуу менен бирге, биринчи жолу кыргыз элинин кызыкчылыгын көрсөтө турган, бюджетке түздөн түз акча түшүрүү максатындагы мыйзамды киргиздик. Ал мыйзамга ылайык бөлөк мыйзамдарды кайра карап чыгууга өкмөт мүмкүнчүлүк алат.

24-февралда Жогорку Кеңеш транзиттик борборго келе турган авиакеросинге төлөм киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

АКШ тарап "no!" деди

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2009-жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, транзиттик борборго ташылган күйүүчү майлар үчүн салык киргизилбей тургандыгын билдирүүдө. Ал келишимде АКШ тарабынан, же анын атынан Кыргызстандын аймагында сатылып алынган товар же көрсөтүлгөн кызматтар салык же төлөмдөрдөн бошотулары жазылган. Ага ылайык, транзиттик жүк ташуу борборуна алынып келген жана салыктан бошотулган товарлар жана кызматтардын тизмесине алып сатарлар тарабынан камсыз кылынган авиакеросин да кирет экен.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Ларри Маммот да “Азаттыкка” өз пикирин билдирген болчу:

Ларри Маммот
- АКШ өзүнүн аскерлерин жайгаштырардан мурун ошол өлкө менен тийиштүү келишимге кол койгонго аракет кылат. АКШ базасын Кыргызстанга жайгаштырардан мурун зарыл келишимге кол коюлган. Ошол жерде "АКШ эч кандай салыктарды төлөбөйт" деп айтылган. Бул база транзиттик борбор болуп калгандан бери АКШ өкмөтү кыргыз өкмөтүнө 60 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат төлөйт жана кандайдыр бир салыктар болсо ушул сумманын ичине кирет.

АКШнын мындай турумун элчиликтин басма сөз катчысы Кыялбек Токсонбаев дагы бир жолу 26-февралда “Азаттыкка” тастыктады.

Бул маселе боюнча өткөн жылдын аягында премьер-министр Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, АКШ менен Кыргызстандын ортосунда келишимди кайра кароо дээрлик мүмкүн эместигин ачыктаган эле. Талдоочу Элмира Ногойбаева буга чейин түзүлүп калган келишимдерди кайра кароо, кошумча төлөмдөрдү киргизүү демилгелери өлкө аброюна шек келтирет деп эсептейт:

Элмира Ногойбаева
- Биз инвестициялык саясаттын жалпы системасын бузуп жаткандайбыз. Качан киреше алып келе турган тармакты көрүп калсак, ал тармакты сыгып калганга аракет кылабыз. Авиа базанын маселеси инвестиция катары каралбаса да, эч бир инвестор инвестициялык саясат начар болгон өлкөдө иштегиси келбейт. Ал эми транзиттик борбордун айланасындагы акыркы демилгелерди лоббистикалык саясат катары баалайт элем.


2009-жылдын июль айында Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосунда жыл сайын узартылып туруу шарты менен беш жылга келишим түзүлгөн. Ага ылайык, “Манас” аба майданындагы АКШнын аба базасы транзиттик жүк ташуучу борбор болуп өзгөргөн. АКШ тарап транзиттик борбор үчүн Кыргызстанга жыл сайын 60 миллион доллар төлөп турары бекитилген.

Ушул жылдын 8-февралындагы эки тараптуу келишимге ылайык, “Манас” мамлекеттик ишканасы АКШнын транзиттик борборуна керектелүүчү күйүүчү майдын элүү пайызын камсыз кылып турмакчы. Калганын Mina Corp компаниясы ташымакчы.

Шакени күндө көрөбүз

Акын Шайлообек Дүйшеев өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында (ортодо ак калпакчан). Кыргыз улуттук филармониясы. 2011-жылдын 26-февралы. Кыргыз президентинин интернет барагындагы сүрөт.

Бул күндөрү 60 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Шайлообек Дүйшеев “Азаттык” үналгысында иштейт.

“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” демекчи, Шакебизди бир көрсөм деп эңсеген кыргыздар миңдеп саналса керек. Биз болсо көптүн көзүн “катырган” бул киши менен күн сайын “сүзүшүп”, чайлашып, кээде акыйлашып келе жатабыз. Баарыбыздан кыйла улуу болсо да, баарыбыз текши Шаке дейбиз.

“Азаттыктын” айдоочусу күнүгө жерге жарык кире электе гезиттерге баяндама жасай турган Шакебизди, таңкы маекке чыкчу кабарчыны жумушка биринчи жеткирет. Гезит базарынан бир кучак гезит алган Шайлообек агайыбыз машиненин жарыгында окуп барат. Эгер кимдир бирөө таңкы үрүл-бүрүлдө машиненин ичинде гезит окуп бара жаткан кишини көрүп калса, аны “Азаттыктын” Шакеси деп биле берсе болот.

- Гезиттердин бойогу кургай электе Шайлообек агай болуп биз гезиттерди алабыз да. Ошол гезиттерди Шайлообек агай таңкы саат төрт-бештен тарта жетиге чейин окуп чыгып, эл-журтка айтып бериш керек. Түнкү саат төрт-беш болсо, ичинде бирөө гезит окуп баратат. Көргөн бирөө "ушул кишиге таң атпай гезит окуган зарыл бекен деп айтат го" деп күлүп калабыз,-дейт Шайлообек агай менен таң сүрө эфирге чогуу келчү кабарчыбыз Замира Кожобаева.

“Азаттыктын” кеңсесиндеги кабарчылар жакшы көргөн бир жай бар. Ал - биздин чакан ашкана. Таңкы эфир бүткөндөн кийин бул жерде идиш калдырап-шалдырап, кадыресе тиричилик башталат. Таңкы “булбулдардын” бири Замира адатынча чай белендеп, сүт бышырып дегендей. Шайлообек агай таттууну жакшы көрөт деп, жумушка эрте келчү жетекчибиз Султан Жумагулов дайыма колуна бир таттуу кармай келет.

- Эртең менен Шакенин тамашалары менен көңүлүбүз ачылат. Чай ичише баштайбыз. Бирөө сүт, бирөө пирожный ала келет. Бир күнү капкара болгон кекс көтөрүп келдим. Шаке карап туруп, “ушундай да кара нан алып келесиңби?” деп алымсынбай калды. Ага чейин жакшы бир печенье, пирожный алып келсек “ой, бул сонун турбайбы, жеп көрө элек турбайынбы” деп калчу. Анан Шакеге жеп көрсөңүз десем “Апей, кудая тобо, ушундай да капкара, анан таптаттуу нан болот экен, э" деп жатпайбы. Баарыбыз каткырып күлдүк. Шакемдин жоруктары көп. Бу кишини ит деле, мышык деле, балдар деле, чоңдор деле жакшы көрө берет. Адатта дүйнөсү таза кишилер ушундай бардыгына батымдуу болот.

Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Эл акыны Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. 21.02.2011.
Кийинки күндөрү Шайлообек агайдын чай ичкенге да чолосу тийбей калды. Азыр ал 60 жылдык мааракесине кам уруп, колу бошобой жүрөт.
(Эртең менен шашып келип калган Шайлообек агайды Султан Жумагулов тамашалап калды)

-Ой Шаке, эмне бүгүн таттуу токочко келген жоксуз?

- Ай, эс алыш керек болуп жатат, психологически.
(Шайлообек агай гезиттерди барактап кирди. Бул күндөрү гезит беттери Шайлообек агайдын сүрөттөрүнө толуп калган)

- Сизди тытты го туш тарабыңыздан?

- Ой, тытып жатып акыры өзүм качтым. Ой, менин эч жерим калган жок ай.
(Гезиттерди барактап) Көрдүңбү ай, улут сыймыгына айланыш тез эле экен. Юбилейимди өткөрөм десең эле улут сыймыгына айланат экенсиң (каткырып).

- "Мен көп болуп кеттим" дебейсизби?

- Аа, мына, дагы мен!
(Шайлообек агай гезит беттеринен өзүнүн сүрөтүн карап жатат)

- О кокуй, кызды кучактап алгансызбы? Бул ким?

- Ооба да, мобул таластык кыз болчу.

- Анан эмне кучактап алгансыз?

- Ушуну ала калсам деп жүргөм да. Ал болсо, “мени менен Таласка кетсең мен сага тийем Шайлообек Дүйшеев” дечү. Ушинтип эле айтчу. "Ой, Таласка барып мен жинди болуптурмунбу, кел Ат-Башыга ала кетейин" десем барбайт. Анда кете бер дедим. Азыр кээде телефон чалып калат “Дүйшеев кандай?” депчи.

Эл менен тамашалашып жаткан Шайлообек агай ошол эле учурда компьютерди чакылдатып, колундагы толтура кагазын ары-бери оодарып, шашып терип отурат. Мен жумушта Шайлообек агайдын жанында отурам. Ал киши менен спорттук баяндамачы Кабыл Макеш бир компьютерде кезектешип иштешет. Эртең менен Шайлообек агай, түштөн кийин Кабыл агай ээлейт. Кээде экөө тең бир учурда келип калганда талашып, бирин-бири куйкум сөздөр менен чымчып-чымчып алмайлары да бар:

- "Компьютерди бошотуңуз" деп мен келем. Анан "экөөбүз бир поезде чиркешип, бир вагондо баратабыз" деп тамашалап коебуз. Ал ырларын, макалаларын терет. Анан кээде шашканда "мобурекини интернеттен тиякка жөнөтө койчу, же азыр жөнөтө калайын" деп чыйпылдап калат. Компьютерди жакшы билбейт деп ойлочубуз. Азыр болсо аны тытып калды,-дейт Кабыл Макеш.

"Азаттыктын" техникалык менеджери Съездбек Бекжанов Шайлообек агай компьютерди тез өздөштүрүп кеткенине ушул күнгө чейин таң калат. “Азаттыктын” жаштары агайды хакер деп тамашалашат.

- Агайдын курагындагы кишилерде көп эле кыйынчылык болсо керек. Агайды болсо хакер деп койсок болот. "Азаттыкка" келген жаштарга жанагы Adobe Audition деген программаны ушул Шайлообек агай үйрөткөнүн айтып калышат. Шайлообек агайга компьютерди бизде мурда иштеп кеткен дагы бир хакер эже Жаркын Суран кызы үйрөткөн экен. Көрсө Жаркын эже Шайлообек агайдан өткөн хакер экен. Шайлообек агай өзү ошентип айтып калат.

Бирок Шайлообек агайга компьютердин бир нерсеси жакпайт экен.

- Компьютер менен басып отургандан рахат ала албайм да. Анткени калем менен жазганга ушунча көнүп калгам. Кол жазма менен иштегенде, мен өзүмдү бир жерге жыйнап алып, акырын ошол сыясын төгүп жаткан калемдей болот да. Компьютерге алымсынбайм. Эми бул цивилизациянын, урбанизациянын бир көрүнүштөрүнө менин ички дүйнөмдүн каршылыгы болсо керек.

Негизи Шакеге 60 жаш жарашпайт. Анткени уландардан кем калышпай шуулдап, анча-мынчаны жеткирбей басканы шайдоот. Ишин тез, көзгө илинтпей жасап басып кеткенинде элес албай да калабыз. А эгер жумушка келбей калса, кадимкидей жоктоп издейбиз.

Иманалиев: КТРКны коом башкарат

Жакында Жогорку Кеңеш апрель окуясынан кийин кайра түзүлгөн Коомдук телерадиокорпорациясы байкоочу кеңешинин макамын мыйзамга ылайыктоо демилгесин көтөрүп чыккан эле. Бул коомчулукта өлкөдөгү негизги маалымат каражатына парламенттин таасирин күчөтүү ишарасы катары чечмеленип, талаш-тартыш жаралган.

Эл өкүлдөрү эми бул талашты Коомдук телерадиокорпорациясы жөнүндөгү жаңы мыйзам гана чекит кoe алат деп ишендирип жатышат. Алардын бири, аталган мыйзам долбоорунун автору, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев “Азатттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Жакында чыккан парламенттеги байкоочу кеңеш жөнүндөгү демилге коомчулукта бир топ талаш-тартышты, талкууну жаратты. Акырында бир катар комитет бул талаш-тартышты мыйзамдын чегинде жөнгө салуу керек деген бүтүмгө келген экен. Ошол мыйзамдын долбоорун даярдаган демилгечи сиз болуп чыктыңыз. Чын эле ушул талаш-тартышты чечкенге бул мыйзамдын жөндөмү барбы?

Каныбек Иманалиев: Сөзсүз түрдө. Биринчиден, коомчулук, радио угармандар үчүн так айтып коюшубуз керек, УТРКдан кеткен маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңеш азыркы коомдук телерадио компания боюнча байкоочу кеңешти таркатат деп айтып, элге жарыя салды. Ал туура эмес. Болгону “Коомдук телерадио берүү жөнүндөгү” мыйзам даярдалган.
Менчик формасы катары мамлекеттик болуп кала берет, башкаруу формасы коомдук болуп калат.


Бул мыйзам 2006-жылы жарым жыл талкууланып, беш жолу тегерек үстөл өткөрүлүп, бирөөсүндө эл аралык конференцияда тастыкталып, такталып, сунушталып, 2006-жылы 4-июнда кабыл алынган. Кабыл алынгандан кийин ал учурдагы президент Курманбек Бакиев он айга чейин кол койгон эмес. Себеби коомдук кеңешти түзүү боюнча бийлик укуктары коомчулукка, парламентке өтүп кетет эле.

Он айдан кийин, 2007-жылы апрель митингинде эл улуттук телекөрсөтүүгө коомдук башкаруу киргизүү жөнүндө талап менен чыккан. Ошондо коомчулуктун, митингге келген калайык калктын талабы менен кол коюуга аргасыз болгон. Жаңыдан коомдук кеңеш түптөлүп бүткөндө 2007-жылы парламент таркап “Ак жол” парламентке келди. Адегенде ошол мыйзам жокко чыгарылды. Ошол мыйзамдын негизинде 2010-жыл 7-апрелден кийин жобо кабыл алынган. Жободо “байкоочу кеңеште 15 адам, бешөө парламенттен, бешөө президенттен, бешөө коомчулуктан болуш керек” деп жазылып атат. Бирок ошол жобого каршы келип, декрет менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен гана азыркы байкоочу кеңеш түптөлгөн.

Үч негизде жаңы мыйзам керек. Ушундай улуттук коомдук телеберүү системасы иштеген дүйнөдө 39 мамлекет бар. Ошонун баары мыйзамдын негизинде дайындалат. Экинчиден, былтыр мүмкүн парламент жок учурда ошол жобо декрет менен иштегенге туура келгендир. Биз аны бир беткей каралагыбыз келбейт. Жободо ошол мезгилде ошондой кадамга барууга туура келгендир. Бирок ошонун ичинде эле декрет менен жобо эки башка позицияны айтып атат, карама-каршы кетип жатат.

Үчүнчүдөн, азыр легитимдүү бийлик, президент, өкмөт, парламент бар. Негизинен коомчулукта талкуу мыйзамдын мазмуну жөнүндө жүрүш керек эле. Бирок азыркы УТРКнын коомдук жетекчилиги бийликте калабызбы, же калбайбызбы деген коркунучу менен ошонун тегерегинде гана коомчулукту тынчсыздандырууда.

“Азаттык”: Парламенттен чыккан демилге телерадиокорпорация, байкоочу кеңеш тарабынан бурмаланып коомчулукка жеткирилди, жаңжалдын баары ошонун эсебинен чыкты деп атасызбы?

Иманалиев: Ооба, мыйзам долбоору менде турат. Анда азыркы байкоочу кеңешти таркатуу жөнүндө бир да сөз жок.

Юридикалык жана саясий маселе

“Азаттык”: Бул жерде байкоочу кеңеш жөнүндө деген маселе киргенин мен өз көзүм менен көргөм, Жогорку Кеңештеги эки комитетке тапшырылган экен. Ал жерде мыйзам жөнүндө сөз жок. Жылдыз Жолдошеванын биздин тегерек үстөлгө катышканда ал жерде талаш-тартыштан кийин гана депутат Каныбек Иманалиевдин УТРК жөнүндөгү мыйзамы бар экени аныкталып, бул талаш-тартышты К.Иманалиевдин мыйзамынын негизинде чечели деген маселе көтөрүлдү деп айтышты.

Иманалиев: Ооба, ошол мыйзамда азыркы байкоочу кеңешке тиешелүү бир дагы пункт жок. Негизи мыйзам 95 пайыз ошол жобо менен үндөш. Ошол жобону иштетели десек анда парламент аркылуу өтүш керек 15 талапкер тең, мыйзамды иштетели десек да парламент аркылуу өтүш керек. Эртеби-кечпи бул маселе келип чыгат. Бул юридикалык да, саясий да маселе. Бизде муну эртең эле кабыл алалы деген ой эмес, мыйзам үч окуудан өтүш керек.

Эгерде чын эле азыркы жетекчиликке депутаттардын кандайдыр бир жүйөлүү себептери болсо, анда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин жобо өз күчүн жоготот. Жобо өз күчүн жоготкондон кийин бүт жаңы шайлоолор мыйзамдын негизинде болот.

“Азаттык”: Сиз иштеп чыккан долбоор менен бүгүнкү сиз сунуштап аткан долбоордун эмне айырмасы бар?
Акыркы 5-6 жылдагы негизги жетишкендик: парламент да, саясий элита да, журналисттер да ынанды, башкаруу принциптери коомдук телерадио берүүгө өтүшүбүз керек экен.

Иманалиев: 3-4 айырмачылыгы бар. Мурдагы шартты эске алып, айрыкча кыргыз тили боюнча, анда жазылган, кыргыз тилиндеги радио, телеберүүлөр 30 пайыздан кем болбосун деп, биз аны 50 пайыздан кем болбосун деп көтөрдүк. Андан башка улуттук телерадио берүүдө ата мекендик өндүрүштөн чыккан телерадио продукциялар 70 пайыздан кем болбосун дедик, мурун 50 пайыз эле.

Үчүнчү, эң маанилүү өзгөртүү, жаштар, балдар жана элге билим берүүгө байланыштуу телерадио берүүлөр 30 пайыздан кемибесин деп атабыз. Би-Би-Сиде ал 28 пайыздан кем эмес деп мыйзам менен белгиленген. АКШнын эң белгилүү Пи-Би-Эс деген телерадио берүүсүндө болсо 40 пайыздан кем эмеси жалаң билим берүүгө, жаштарга, балдарга байланышкан. Ал эми Австралиянын Эй-Би-Си телеберүүсүндө болсо 33 пайыз.

Адамдын көз карашын калыптандырууда телерадио берүүнүн ролу эбегейсиз. Ошону эске алып, бизде да 30 пайыздан кем эмес, балдарга, аларды патриоттук духта тарбиялоого жана билим берүүгө арналсын деп атабыз. Андан башка биз жарандык уюмдар деген жерге чыгармачыл союздарды катышсын деп атабыз, болочок байкоочу кеңеште болсун деп атабыз.

“Азаттык”: Байкоочу кеңештин макамы бул мыйзамда кандай болуп атат?

Иманалиев: Президент 10 адамды көрсөтөт, анын ичинде парламент добуш берүү негизинде беделин аныктап, эң алдыңкы беш орунду алганды киргизет. Жарандык коомдор, журналисттер, чыгармачылык союздар, институттар, өкмөттүк эмес уюмдар канчаны көрсөтсө өздөрү билет. Алардын бергенинин онун комитет тандап, добушка коет. Анын ичинен эң алдыңкы орунду алган бешөө байкоочу кеңешке кирет. Андан башка депутаттар көрсөтөт, аны чечиш оңой, беш фракция бар, алар бирден өз өкүлүн берет, ошондо 5 адам болуп түптөлөт. Анан он беши биригип алып сынактын негизде башкы директорду дайындайт. Андан ары парламент катышпайт, парламенттин миссиясы бүтөт. Андан ары 15 адам башкы директорду тандап, ишке даярдайт. Ал беш жылдык ишке даярдалып, төрт маанилүү документти алышат, Уставды, регламентти, редакциялык саясатты жана өнүгүү стратегиясын.

Кызыкчылыктар тиреши

“Азаттык”: Сиз билесизби, көз карандысыз маалымат каражаттарынын демократиялык принциптерди жактаган бир топ коомчулуктун өкүлдөрү айтып атышат, парламенттин өкүлдөрүнүн кириши – кандайдыр бир саясий кызыкчылыктарга кызмат кылып калышын шарттайт деп атышат. Сиз андай деп ойлобойсузбу?

Иманалиев: Алар Убактылуу өкмөттүн сунушу менен келген. Анда мен суроо бергим келет: урматтуу байкоочу кеңештин мүчөлөрү, Убактылуу өкмөттүн саясий кызыкчылыгын жактаганы келдиңиздерби? Мен ойлойм, силер коомчулуктун кызыкчылыгын жактаганы келдиңиздер. Ошол эле мүчөлөр кайра парламент аркылуу өткөнгө акысы бар. Себеби парламенттеги партиялар өз мүчөлөрүн көрсөтө албайт. Коомчулук тааныган, басма сөзгө, телерадио берүүгө тиешеси бар адамдар тандалат. Андан коркуунун кереги жок.
Азыркы УТРКнын коомдук жетекчилиги бийликте калабызбы, же калбайбызбы деген коркунучу менен ошонун тегерегинде гана коомчулукту тынчсыздандырууда.


Кыргызстанда саналуу эле, эл билбеген эч жиги жок адамды ал жактан тандап өткөрө албайт, балл да алалбайт. Азыркы тандалган байкоочу кеңештин көбүн тааныйм, мен баарына адамкерчилик мамилем бар, сыйлайм. Бирок алар ошондой чукул кырдаалда, парламенттик шайлоонун астында дайындалышты.

Кечээ Абдыкадыр Султанбаев “анда добуш берүү ачык болгон эмес, Илим Карыпбеков биринчи орунду алып жеңип чыккан, эгер баары ачык, мыйзам чегинде өтсө ошол болмок. Бирок ага ар кандай ыдык көрсөтүппү, таасир көрсөтүппү, кысымга алыппы талапкерлигин алып салган” дейт. Демек ошол жерден жаңжал башталган.

“Азаттык”: Сиз да журналистсиз, байкоочу кеңеш шайлангандан бери бир топ убакыт өттү, ошондон берки байкоочу кеңештин ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир кине барбы? Сиз эркин, көз карандысыз иштеп аткандыгына, же болбосо ошол эле өкмөткө кызмат кылып атканына байлай турган кандай кине кое алат элеңиз?

Иманалиев: Албетте саясий жагынан мурдагыдай режим жок. Бир беткей бир эле бийликти көрсөткөндөн алыска кетти. Айрыкча кыргыз радиосу эл менен иштешүү жагынан түз радио берүүлөр, элдин суроо талаптарына жооп берүү, компетенттүү адамдарды радиого алып келүү жагынан булар алдыга кетишти. Мүмкүн бул “Азаттык” менен Би-Би-Си радиолорунун мектебинин таасири болуш керек деп ойлойм.

Кыргызстандын радио журналистикасында бир топ жылыш бар. Телеберүүлөрдө тележурналистиканын мектеби өтө эле жаш. Биз коңшу Казакстандын, Орусиянын кайсы каналын албайлы профессионалдык деңгээлибиз көңүл кейитээрлик абалда экенин моюнга алып коюшубуз керек.

Азыркы байкоочу кеңешке мен сын бериш үчүн, мен алардын маалыматын уга алган жокмун. Болгону кечээ УТРКнын журналисти Нурдин Мотуев алып барып атканда айттым, алар силер менен коомдук угуу өткөрдүбү десем, жаңы жылдан бери өткөргөн жок дейт. Буларга мүмкүн убактысы болбой аткандыр, мүмкүн жаңы жылдык майрамдар болуп аткандыр. Мен аларга жеке инсан катары эч кине койо албайм. Бул мыйзам аларга каршы багытталган эмес.

“Азаттык”: Бул коомдук пикир, бул менин, же “Азаттыктын” пикири эмес, ошол эле мезгилде депутат К.Иманалиевдин мыйзамы аркылуу байкоочу кеңешти жоюу, же коомдук телеберүүнү мамлекеттикке кайтарууга аракет кылган күчтөр бар деген пикир бар. Сиз кандай дейсиз?

Иманалиев: Жок, мага андайды эч ким айткан эмес. Мен профессионал журналист катары кызыкдармын, бул мыйзамды мен баштагам, аягына чыгайын деген оюм бар.

Конституциянын 70-беренесине ылайык элдин өкүлү азыр парламент гана. Ошол парламент моралдык, саясий, юридикалык да укуктарга ээ, өзүнүн өкүлдөрүн байкоочу кеңешке коомчулуктун атынан дайындаганга, шайлаганга, ишеним көрсөткөнгө укуктуу.

Же калат, же тарайт

“Азаттык”: Байкоочу кеңешти жоюунун эрежелери кандай?

Иманалиев: Бир дагы секунд бул мени кызыктырган жок. Эгерде мыйзам кабыл алынып жашап кетсе, бүт баары мыйзамда так көрсөтүлгөн, кандай болуп шайланат, алардын ыйгарым укуктары, анан кандай жолдо таркайт.

“Азаттык”: Мисалы, мыйзам келерки жумада каралып, аркы жумада парламенттин сессиясынан өтүп, бир айдын ичинде президенттин кол коюусунан өтүп, ишке кирсе, азыркы иштеп аткан байкоочу кеңеш эмне болот?
Жаштар, балдар жана элге билим берүүгө байланыштуу телерадио берүүлөр 30 пайыздан кемибесин деп атабыз.


Иманалиев: Эки позиция болот. Эгерде азыркы байкоочу кеңеш азыркы жетекчилик ушундай позицияда эле, бир тараптуу парламентти коомчулукка, элге тескери көрсөтүү саясаты менен алек боло берсе, анда булар өздөрү конфликттин негизги демилгечиси болуп, анда парламент бул мыйзамды кабыл алып, жаңыча түптөөгө чечим чыгарышы мүмкүн.

Парламент “булар жакшы иштеп атат, булардын ичинен бешөөнү гана өзүбүзгө тиешелүүсүн шайлап, калгандарын колдоп берели” деп токтом чыгарса булар калышы мүмкүн, же датасын белгилеп коюшу мүмкүн.

Азыр президенттик шайлоого баратат, ошон үчүн топтой алат деген ой болуп атпайбы. Президенттик шайлоого кантип топтой алат, эгерде беш партия бири-бирине атаандаш болсо. Ар бир партия өзүнүн кишисин президенттикке көрсөтөт. Бир да партия 15 кишини байкоочу кеңешке өткөрө албайт, андай укуктук негиз жок. Ошон үчүн кандайдыр бир саясий күчтөр топтолуп, өзүнүн кишисин УТРКга жетекчиликке алып келейин деп аткан нерсени төгүнгө чыгарат элем, бул чындыкка жатпайт, эч негиз жок.

“Азаттык”: Өткөндө Жылдыз Жолдошеванын айтканына караганда, комитет сиздерге биргелешип иштешүүнү сунуш кылган экен. Азыр УТРК менен сиз мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча биргелешип иштеп атасыздарбы, зарылбы?

Иманалиев: Зарыл. Кечээ байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү “Эркин телефон” аттуу дебатка катышты. Мен айттым, силерди бир гана нерсе кызыктырып атат, азыркы директору калабы, калбайбы деп. Калган ичиндеги мазмуну боюнча кызыгып да, суроо да берип койгон жоксуңар. Эгерде ички мазмунуна тиешелүү, мыйзамды да прогрессивдүү кыла турган сунуштар болсо биз сөзсүз кабыл алабыз. Бул мыйзам беш жолку талкуудан өткөн, азыр болсо азыр да кабыл алабыз.

“Менчиктештирилбейт, курал болбойт”

“Азаттык”: Азыр эки пикир айтылып атат, телерадио компания мамлекеттик, анан коомдук болуш керек деген. Ушул идеянын кайсынысын жактайсыз, негизи мамлекетке кайтыш керекпи?

Иманалиев: Менчик формасы катары мамлекеттик болуп кала берет, башкаруу формасы коомдук болуп калат. 2006-жылы УТРКнын жетекчилиги менен жолукканда, аларда мындай түшүнүк экен да, коомдук десе эле эртең кимдир бирөө келип менчиктештирип алат дейт. Ошон үчүн биз мыйзамда жазып атабыз, бул телерадио берүү мамлекеттин менчиги, убакта эч ким менчиктештире албайт. Болгону акыркы 5-6 жылдагы негизги жетишкендик: парламент да, саясий элита да, журналисттер да ынанды, башкаруу принциптери коомдук телерадио берүүгө өтүшүбүз керек экен.
Урматтуу байкоочу кеңештин мүчөлөрү, Убактылуу өкмөттүн саясий кызыкчылыгын жактаганы келдиңиздерби? Мен ойлойм, силер коомчулуктун кызыкчылыгын жактаганы келдиңиздер.


Азыркы маселеде эки гана талаш: ошол коомдук телерадио берүү жобо менен декрет менен жашай береби, же мыйзамдык талаага түшүп мыйзамдык негизде жашайбы? Мейли, ошол президенттик шайлоодо биз күтпөгөн, кандайдыр бир жеке дымагы бар адам президент болуп калса, ал декретти бир эле Указы менен жокко чыгарып, өзүнүн кишисин түздөн түз коомчулукту да, парламентти да катыштырбай дайындап коюушу мүмкүн. Биз ошондой кайсы бир адамдар, же кайсы бир саясий кырдаалдан көз каранды болбош үчүн ушул мыйзам керек.

Кеп аз эле адамдын кызыкчылыгында болуп атат, ушул кызматта каламбы, же калбаймбы деп. Аны да чечсе болот, эгерде иши жакшы болсо. Бирок ал парламентти коомчулукка каршы койбош керек.

“Азаттык”: Идеалында сиз ушул мыйзамды чынында эле демократиялык принциптерге кызмат кылгандай мыйзам экендигин далилдөөгө аракет кылып жатасыз. Бирок реалдуулукта саясий күрөштөр, атаандаштыктар, талаш-тартыштар көп. Ар ким өз кызыкчылыгын карайт. Ушундай шартта сиздин мыйзам кандайдыр бир саясий күчтөрдүн куралына айланып кетпейт деген өзүңүздүн ишенимиңиз барбы? Сиздин мыйзамда сактаныштын кандай кепилдиктери бар?

Иманалиев: Кепилдик мындай, ошол талапкерлерди тандап атканда, коомчулук, журналисттер да катышышыңар керек, кайсы талапкер чын эле калыс, телерадиоберүүгө тиешеси бар, прогрессивдүү идея алып келет деп. Себеби шайлап бүтүп биз шайлагандан кийин он бешинин бирөө да парламентке көз каранды болбойт. Бизге алар келип отчет бербейт, биз аларды жумуштан алалбайбыз. Он беши эркин коомдук уюм болот, 15 биригип башкы директорду дайындайт. Ал директор бизге баш ийбейт, ал эч кимге баш ийибейт. Ал менеджер сыяктуу иш алып барат.

Биз саясий ар кандай тобокелчиликтен алыс болуш үчүн жана кепилдик берүүнүн бир гана жолу бар, бул – мыйзам. Парламент тарап кетсе да бул мыйзам калат, ким президент болбосун ушул мыйзамдын негизинде иш алып барат, президент келип бул мыйзамды жокко чыгаралбайт. Премьер-министр да жокко чыгаралбайт. Азыркы жобо азыркы иштеп аткан байкоочу кеңештин гана кызыкчылыгынын негизинде болуп атат.

“Азаттык”: Бул мыйзам парламентте качан каралат, анан комитетте каралат да. Сизде парламент колдоп берерине ишеним барбы, көзүңүз жетип атабы?

Иманалиев: Менин колумда Жогорку Кеңештин төрагасынын колу турат, 18-февралда ал фракциянын лидерлерине жана фракциянын кароосуна жиберди. Комитет бир жумада бир жолу өзүнүн кеңешмесин өткөрөт. Жакынкы кеңешмесине койсо, мыйзам каралып, толукталып, сунуштарын кабыл алса, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат го деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.

“Бейиштей төрүбүздү жаман көздөн сактайлы"

Баткендин Зардалы айылынын тургундары. 9-декабрь, 2010-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылгандар өлкө атуулдарын биримдикке, ынтымакка үндөп, азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу пикирлерин айтышты.

“Баатыр эне” наамын ала албай жүргөндөргө мамлекеттик сыйлыкты алуунун эрежеси сунушталды.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Сапаргүл Таирова: Мен он бир баланын энесимин. Алты кыз, бешөө уул. Менин силерге кайрылганым, мага "Баатыр эне" наамын береби деген үмүт менен жогорку бийликтегилерге кулак кагыш кылып койосуңарбы? Себеби буга чейин Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңешке эки жолу кайрылгам. Эч бир жооп болбоду. Менин мүдөөмдү президент Роза Отунбаева эне катары көңүл болот деген ишенимдемин.

Досалиева Бүбүкан. 18-январь, 2009-жыл.
Президент алдындагы мамлекеттик сыйлык боюнча бөлүмдүн башчысы Бүбүкан Досалиеванын жообу:
2009-жылдын 1-январынан тарта жети баласы барлар жана жакшылап тарбия бергендер “Баатыр эне” наамына ээ болушат. Алты баласы барлар "Эне даңкы" медалын алышат. Азыркы күндө 8-мартка карата алты жарым миңден ашык документ түштү. Анын арасынан төрт жарым миңден ашууну “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” медалын алууга документтери даярдалып жатат. Калгандарынын документтери жарабай калды.

Андан сырткары көп аялдар да кайрылып атышат, "көп балабыз бар, “Баатыр энени” ала албай жатабыз" деп. Ал үчүн жергиликтүү айыл өкмөтүндө, райондо, шаар администрациясында үй-бүлө жана гендер маселеси боюнча иштеген жооптуу адамдар бар. Мына ошолорго кайрылып, тез убакыттын ичинде документтерин даярдап бериш керек.

Кандай документтер талап кылынат? Эненин өзүнүн, күйөөсүнүн, балдарынын паспорттору, нотариус тарабынан тастыкталган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү. Андан кийин энеси өзү, күйөөсү, балдары Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымат керек. Ар бир баласынын жашаган жеринен, алардын үй-бүлөсү тууралуу справка керек. Сүрөттөрүн кошуп ошол документтерди толугу менен алып келсе, анан комиссия карайт.

Бишкек, Тажиниса Турдубаева: Жаным-дилим, жүрөгүмдүн толтосу болгон кыргыз элиме кайрылат элем. Мына Кыргызстанда эки жолу революция болуп кетти деп атышат. Менин оюмча эки жолу түшүнүксүз башаламандык, тополоң болуп кетти. Жанымдай көргөн кыргызым "көз карашың ар башка болсо, алдыңдагы ашты алдырасың",-дейт кыргызда. Ошондуктан өкмөтүбүз, уул-кыз өстүргөн ата-энелер балдарга насаатыбызды айтып, башаламандыкка, тополоңго алдырбайлы. Теңирим бизге ченемсиз белек кылып берген жер-байлыктарыбызды, кенибизди, жайкалган жашыл, бейиштей төрүбүздү жаман көздөн сактайлы. Акыл калчап, биримдикке келип, сабырдуу бололу.

Өзгөн, Төлөгөн Жолдошев: Президент Роза Отунбаева кылмыштуу топко, коррупцияга согуш жарыялады. Биз аны колдойбуз. Биздин мамлекет жаңы түптөлгөндө эле коррупционерлер менен түптөлүп калган. Кыйынчылыкты өкмөт да, эл да түшүнүп турабыз. Эми Оштогу тополоң чыгаргандарды ким жазалап, аларга каршы ким согуш жарыялайт? Абдурасулов, Кадыржан Батыров качып жүрөт дешет. Аларды ким кармап, мыйзамдын чегинде жоопко тартат?

7-апрелдеги элге ок атканга байланыштуу мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная качып кеткени ошонун эртеси эле угулган болчу. Аларды жана аларды качыргандарды ким жазалайт? Азыркы бийлик тегерегиндеги коррупцияны тазалайбыз деп жатышат, бирок коррупция жанында турса аны көрбөй жатышкандай мамиле кылышат. Коррупцияга катуу сокку урбаса азыркы бийликке деле эл ишенбей калат.

Нарын шаары, Жеңишбек Бекмуратов: Көрүү боюнча биринчи топтогу майыпмын. Январь айында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар Бишкекке барып, Ак үйдүн, өкмөт үйүнүн жанында пикетке чыкканбыз. Биз бийликке пенсияны көтөрүүнү, социалдык жактан колдоого алууну талап кылганбыз. Ошондо бийликтегилер кичине кыймылдашкандай болду эле. Азыр эми кайра унутулуп, дымып калгандай болду. Бизге өкмөт, тийешелүү министрликтер кам көрүп, Жогорку Кеңештин депутаттары майыптарды социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамды кайра иштеп чыгып, пенсиябызга кошуу боюнча бюджетке да киргизишсе деген сунушубузду “Эл үнү” аркылуу жеткирип койсоңуздар.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 жана 31-61-53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.

Тоо көлдөрүнүн коркунучу чоң

Кыргызстанда бийик тоолор арасында жарылып же бузулуп кетүү коркунучунда турган жыйырмадан ашык көл бар.

Булардан башка дагы коркунуч туудурган ар кандай көлдөр жыл сайын пайда болуп турат. Тоо көлдөрүн изилдеп, кырсыктардын алдын алып турууга Кыргызстандын өзүнүн чамасы чак, ошон үчүн эл аралык жана донор уюмдардын жардамы керек.

1998-жылы Шахимардан өрөөнүндөгү Икедаван көлү толкуганда Өзбекстандын аймагында жүздөй адам кырсыктан көз жумган. 2008-жылы Тоңдо Зындан көлү бузулганда үч адам каза болгон.

2003-жылы Ала-Арча дарыясынын башатындагы мөңгүлөр эрип, селге айланып, Карагай Булак деген коктуну жарып чыгып, капчыгайды суу ташкын каптап, жүздөгөн дачаларды, үйлөрдү жана көпүрөлөрдү жууп кетип, чоң материалдык зыян алып келген.

Ошол сел каптаган күн Ала-Арча капчыгайынын оозундагы Кашка-Суу айылынын тургуну Амангелдинин күнү бүгүнкүдөй эсинде. Анын айтымында, капчыгайды суу каптаган учур күндүз болуп калып кудай чоң сактаган, эгер сел түн ичинде болгондо ээ-жаа бербей, ашып-ташкан дарыя түз эле Бишкекти басып кирмек.

- Июль айынын жыйырма биринде болгон бул окуя. Дүйшөмбү күнгө туш келген. Эгер дем алыш күнү болгондо көп чыгаша болмок. Кечки беш-алтыларда болгон. Суу келатканда үйдөй болгон чоң таштар агат экен, дүңгүрөгөн үн менен келет экен. Дачаларды, көпүрөлөрдү, жолдорду алып кетти агын сел. Сырт жак менен байланыш болбой калган. Кишилердин өлүмү да болгон, ал ошол учурда айтылбай калды.

Жыл сайын эле күн жылып, нөшөрлөгөн жамгыр жаап, мөңгүлөр эрий баштаганда тоо арасындагы айылдарды суу ташкын, сел коркунучу тооруйт. Көл жарылып, сел каптаган ушундай коркунучтар жылына ар кай жерде болуп турат. Ошондуктан бийик тоо арасындагы көлдөрдү утур-утур чалгындап, байкоо салып, изилдеп туруш керек. Бул ишти жүргүзүүгө экономикасы өчөйүп турган өлкөнүн колундагы каражат каат.

Биринчи болуп тоо көлдөрүн изилдөөгө 2004-жылы Чехия Республикасы гранттык жардам бөлгөн. Биринчи долбоор 2004-жылы, экинчи долбоор 2006-жылдан 2010-жылга чейин иштеди.

Экинчи долбоордун алкагында Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Чехиянын айлана-чөйрө министрлигинин ортосундагы келишимдин негизинде тоо арасындагы көлдөргө байкоо жүргүзүү боюнча 620 миң евро наркында чалгындоо жана мониторинг иштери жүргүзүлдү. Бүткөн иштердин эң орчундуусу болуп 2008-жылы 3600 метр бийиктикте Ала-Арча дарыясынын башатындагы тоо арасына “Адыгине” деп аталган гидрометеостанция эсептелет.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин гидрогеологиялык экспедициясынын жетекчиси Камчыбек Мүсүралиевдин айтымында, бул станция Ала-Арча капчыгайынын жака белиндеги айылдардын жана Бишкектин жашоочуларын тоо көлдөрүнүн коркунучунан сактап турат.

Чех адистеринин жардамы менен көп жылдан бери каралбай келген тоо көлдөрүнө изилдөө жүргүзүлүп, баалуу илимий материал жыйналды. Мисалы, изилдөөлөр Кумтөр алтын кенинин жанындагы Петров көлү кыйла өзгөрүп кеткенин көрсөткөн. Эгерде мурда бул көлдүн тереңдиги 30 метр деп эсептелип келсе, заманбап аспаптар 50 жыл ичинде бул көлдүн ичиндеги мөңгү 800 метрге азайып, ошого жараша көл 800 метрге чоңоюп, тереңдиги 70 метр болуп калганын аныктаган.

Тоо көлдөрүнө изилдөө жүргүзүүгө катышкан Чехиянын жооптуу өкүлү Михаил Черны азыр дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, адамзат алар менен эсептешүүгө тийиш экенин айтты:

- Бул өзгөрүүлөр адамдын бүт турмушуна таасир берери талашсыз. Тоо ресурстарына, табигый кырсыктарга, айыл чарбасына таасир кылат. Мөңгүлөр азайып, эриген сайын жаңы көлдөр пайда болот. Демек мындан дайыма аларга мониторинг жүргүзүп туруу керек деген жүйө чыгат. Азыр жыйырмадан ашык көл ушундай коркунуч туудурат деп атабыз. А чынында жыл сайын ушундай коркунуч туудурган башка көлдөр да пайда болуп турат. Мисалы 2008-жылы бузулган Зиндан көлүн да эч ким билген эмес. Ал бир нече айдын ичинде эле пайда болгон.

Тоо көлдөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөп туруу үчүн Кыргызстанга бир эле гидрометеостанция жетишпейт, дагы үч-төрт ушундай станция куруу зарылдыгы бар. Өкмөт өткөн жылы тоо көлдөрүн чалгындап изилдөөгө эки миллион сом бөлгөн, быйыл бир жарым миллион сом бөлүү каралууда. Бирок бул каражаттар жетпейт, ошондуктан табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн эл аралык экологиялык жана донор уюмдардан жардамы керек.

Ош: Калың кардын түйшүгү

Калың кар балдарды кубанычка бөлөдү, Ош, 25-февраль.

Кыш этектеп калганда Ош шаары калың карга бөлөнүп калды.

Кардын көп жаашы айрым жерлерде электр линияларын үзүп, ансыз да үшүп отурган шаар тургундарын убайымга салса, айдоочулар жаз келип калганда жолдор тайгалак болгонуна нааразы. Бирок көптөн бери мындай кар көрө элек балдар маашырлана жылгаяк тээп алышты.

Балдардын кубанычы

Марсел көптөн бери достору менен минтип кар атышып ойной элек болчу. Мектептен келээри менен чаналарын алып чыгышып, жылгаяк тээп башташты. Кубанганынан алар үшүгөнүн деле унутуп коюшуптур.
Калың кар балдарды кубанычка бөлөдү, 25-февраль.

- Азыр мектепке барып ойноп келдик. Анан тиги жерде жылгаяк тептик. Кардан аяз ата, балаты жасап атабыз. Анан кийин дүкөндөн ар нерсе сатып алдык досторум менен. Үшүбөй эле турабыз, үйүбүз жакын эле жерде.

Кыш аяктап калганына карабай Ошто кар биринчи жолу минтип калың түштү. Эки күндөн бери бутту көмө тургандай болуп калган карга балдар кубанган менен, калың кар жаз келип калды деп камаарабай жаткан шаардыктарды түйшүккө салып койгондой. Кардын айынан айрым жерлерде электр линиялары үзүлүп, жарыктар өчүп калганын көрүүгө болот.

Оштун Төлөйкөн кичирайонунун тургуну Алтынай Закирбаева кичинекей балдары менен суукта кыйналып жатканын айтууда.

- Кышты бүттү десек, минтип кайра кар жаап койду. Айтымдарында дагы бир ай кыш болот имиш. Биздин көп кабаттуу үйдө жылуулукту мурда эле кыркып салышкан. Анан токмешке таянып олтурсак, жарыкты да өчүрүп коюп жатышат. Кечээ күч келип трансформаторлор атылып кетти, зымдар күйүп кетти деп таптакыр эле өчүрүп салышты. Балдарым кичинекей, кичинеси 4 жашар. Кыйналып жатышат да… Кичинекейлер эмес, чоңдор үшүй турган болуп атат азыр.

Айдоочулар күйүнсө, дыйкандар сүйүнүп...

Түнкүсүн тоңголок болуп калган шаар көчөлөрүндө автоунаалар тайгаланып, кырсыктар көп болуп жатканын айдоочулар белгилешүүдө. Таксист Абдимиталип Жумашевдин айтымында, айрыкча тажрыйбасыз айдоочулар автоунаалары менен ар жерде тыгылып калып жатышыптыр:
Оштун бир көчөсү, 25-февраль.
- Быйылкы жылдын эсебинен азыр гана кар көп жаады да… Эми азыр шоопурлардын көпчүлүгү эле жол эрежесин биле беришпейт да. Маршрут айдагандар деле ошол. Анан ошолор кичине эле тайгалак болсо, тоголонуп кеткидей болушат, жакшылап айдай алышпаса же..


Жол коопсуздугу кызматы болсо шаар көчөлөрү толугу менен тазаланып коопсуз болуп калгандыгын айтууда. Кардын калың жаашынан шаардын өзүндө эле 2 жол кырсыгы катталган.

Аталган бөлүмдүн жетекчиси Насипбек Калмурзаев “Азаттыкка” буларды айтты:
Ош шаары, 25-февраль.

- Ош шаарында жалпысынан 7 коммуналдык мекемебиз бар. Ошол мекемелер толук иштеп жатат. Жолдорду тазалоочу автоунаалар менен көчөлөр тазаланууда. Эми түшкө чейин карлар көп эрийт да, биз аны түштөн кийин тазалап коёбуз.

Тынымсыз жаап жаткан кар дагы эки үч күнгө созула тургандыгын адистер эскертишүүдө. Ошол себептүү Ош-Бишкек жолу аркылуу каттаган айрым айдоочулар убактылуу каттабай турууну туура көрүшүүдө. Бирок минтип жаз таяп кардын калың жаап бериши эгин-тегин суу ичпей калды деп кабатыр болгон дыйкандарды өзгөчө сүйүнтүп жаткандай.

Өмүркулов: "Ата-Түрк" багында жерлер мыйзамсыз берилген

Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов

Бишкек бийлиги "Ата-Түрк" сейил багындагы жаңы башталган курулуш иштеринин мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов билдирди.

Иса Өмүркулов: Тилекке каршы Октябрь районунун акимчилигинин 412-токтомунун негизинде жерлердин баары мыйзамсыз берилген. Ошол мыйзамсыз берилген жерлерди бүгүн сот колдоду. Мен ошону токтотууга далбастап аракет кылдым, мыйзамсыз берилгенди сот мыйзамдаштырып берди. Ошонун негизинде курулуш иштери жүрүп жатса керек.

"Азаттык": Демек Жогорку Сот колдоп койгон турбайбы?

Өмүркулов: Ооба, сот колдоп койду.

"Азаттык": Эми сиздердин аракетиңиздер кандай болот?

Өмүркулов: Биз ар бири менен соттошконго материалдарды даярдап жатабыз. Ал жер сейил бак болуп эсептелет, ал жер менчикке берилбеш керек эле. Ошол мыйзамсыз нерсени Жогорку Сот чечип койду.

Сот бийлиги илгеркиден жаман болду. Жаңырганы кайсы, эгер ушундай чечимдерди мыйзамдаштырып атса? Бүгүнкү күндө биз жума сайын ушундай жер талаш маселеси менен кагылышып атабыз. Берилген жерлерди кайра кайтарып ала албай жатам, тилекке каршы. Мыйзамсыз берилген, сатылган.

"Азаттык": 28-февралда ушул иш Жогорку Сотто каралат экен. Эгер сот мыйзамсыз деп чечсе ал жердеги үйлөр түртүлөбү?

Өмүркулов: Эми соттун чечимин көрөлү.

"Азаттык": Ошол жерде көбүнесе аткаминерлердин үйлөрү, жерлери дешет. Кимдердин жерлери бар экенин айта албайсызбы?

Өмүркулов:
Жок, азыр тизмени, планды карабай туруп айта албайм. Ал жерде эски чиновниктер, жаңылардан эч ким жок.

"Азаттык": Жаңы беш-алты үй курула баштаптыр, биз күбө болуп келдик.

Өмүркулов: Мүмкүн эмес андай. Бул жерде мурдагы эле чиновниктер. Менин иштегениме 11 ай болуп калды, чиновник эмес, жөнөкөй жарандарга үй курууга жер берген жокмун. Ошол сейил бакта юрист эмес, жөнөкөй адамга деле жер мыйзамсыз берилгени билинип турат. Мына ушуну токтотолу деп, мыйзамсыз деп сотко бердик. Тилекке каршы сот алардын пайдасына бекитип берди.

Мындан тышкары албетте биз аракет кылып атабыз. Кайсы токтомдун негизинде, кайсы тизме менен жер алганын тактап атабыз. Ал жерде тизмеде жүздөн ашуун адам бар. Менин азыр эсимде жок, 191 жер тилкеси болсо керек.

"Азаттык": Ушуга мэриянын да күнөөсү бар деген сөздөр болуп атат. Демек мэриянын тиешеси жокпу?

Өмүркулов: Мен сейил бак эмес, шаардын бир да бөлүгүнөн бир да жер берген жокмун. Мурдагылар азыркыларга жалаа жаппай эле койсун, эгер кимдир бирөө туура эмес түшүнүп атса. Бул мурдагылардын чечими, кайра мурдагы эле сот чечим чыгарып берди.

"Азаттык": Токтоналиев көчөсүнүн сейил бак менен туташкан тарабында көп кабаттуу үйлөр курулуп жатыптыр. Бул да мыйзамсызбы?

Өмүркулов: Жок, ал мыйзамдуу.

"Азаттык": Эми сиз шаар жетекчиси катары мыйзамсыз жерлерди кайтаруу үчүн кандай аракеттерди көрөсүз?

Өмүркулов:
Мисалы мага чейин мэриянын чечими менен жер берилсе мен жетекчи катары аны кайтарып ала албайт экем. Сот аркылуу болот баары, бирок сотко барса эле жанагындай болуп атат.

"Азаттык": Демек бул жерде коррупция аралашкан деп айтсак болобу?

Өмүркулов: Албетте, түздөн түз эле аралашкан. Анын сыры жок. Мен жетекчи катары нааразымын. Мен бир нерсеге толук жооп бере алам: мыйзамсыз бир да жерге там салууга уруксат бербейм. Мурдагы чечилген нерселерди сот аркылуу чечип алышууда. Бул жерде мен алсыз болуп атам.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG