Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстан

Апрелден тарта авиапарк жаңырат

Өкмөттүк комиссия 28-декабрдагы учак кырсыгына байланыштуу алдын-ала сунуштарын шардана кылды. Кырсык ички каттамдарда билет бааларын кымбатташын шарттады.

Ош эл аралык аба майданында болгон учак кырсыгын үч топ иликтөөдө:

1) 1-вице-премьер-министр Аалы Карашев жетектеген өкмөттүк комиссия;
2) Москвадагы мамлекеттер аралык авиациялык комитеттен жана Кыргызстандын жарандык авиация кызматынан адистер кирген комиссия;
3) Транспорт прокурору Кубан Мамакеев жетектеген ыкчам топ.

Өкмөттүк комиссия мүчөсү, өкмөттөгү транспорт, курулуш, коммуникация жана өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн эксперти Бакыт Абдыллаев иликтөөнүн алдын-ала жыйынтыктарынан учкай кабарлады:

- Өкмөттүк комиссия өз жыйындарында бир катар сунуштарды кабыл алды. Ал ириде аба каттамынын коопсуздугун күчөтүүгө багытталган. Андан сырткары жүргүнчүлөрдүн сын-пикирлерин эске алуу менен авариялык, медициналык, куткаруу тобунун биргелешип иштешин камсыздаган акт түзүү, Ош эл аралык аэропортунун аянтын кеңейтүү сунушу да бар.

Абдыллаев мындан тышкары Кыргызстандын башка шаарларындагы аба майдандарын да талапка ылайыктоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Учактын кыйрашынын себептерин анын кара жашигин алып, техникалык комиссия иликтеп жатат. Бирок жыйынтыкка келе электиги айтылды.

2011-жылдын 28-декабрында Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы Ош аэропортуна конуу учурунда тилкеден чыгып кетип, чалкасынан түшүп калган. Бактыга жараша бардык жүргүнчү тирүү.

Жаракат алган жыйырмадан ашуун адамга медициналык көмөк көрсөтүлүп, “Кыргызстан” компаниясы ар бир жүргүнчүгө 80 миң сомдон кенемте төлөп берүүнү убада кылган.

Билет баасы көтөрүлдү

Ошол учак кырсыгынан кийин Кыргызстандын ичиндеги учуулар үчүн авиабилеттердин баасы жогорулаганы байкалууда. Алгач Оштогу билет сатуучу ишканалардын бирине кайрылдык.

Ишкана кызматкери Канышай Сайдалиева өзүнө белгилүү маалыматын ортого салды:

- “Эйр Бишкек” кээде эле рейсти койот. “АвиаТрафик” менен “Кыргызстан” күнүгө экиден рейс койчу. Азыр “Кыргызстан” экиден уча албай атат. Билет баасы “Кыргызстандыкы” 2100-2300, “АвиаТрафиктики” 3175-3375 сом.

Билет баасынын жогорулаганын “АвиаТрафик” да, “Кыргызстан” компаниясы да күйүүчү майдын кымбаттыгы менен байланыштырууда.

Кыргызстандын ички аба каттамдарын “Кыргызстан”, “АвиаТрафик” жана “Эйр Бишкек” аттуу компаниялар тейлейт.

Жаңы жылдан тарта советтик үлгүдөгү Ан-24 учагы каттамдан алынды. Мындан улам борбордон Баткен, Исфана, Жалал-Абадга аба каттамы токтоп турат. Үч АН-24түн бирөө “АвиаТрафикке”, экөө “Кыргызстан” авиа компаниясына таандык болчу.

“Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов АН-24 коопсуздук талаптарына жооп бербей калгандан улам алынганын билдирди. Кыргызстандын эски үлгүдөгү учактарына Евробиримдиктин аба мейкиндиги аркылуу каттоого тыюу салынган.

10-январда Транспорт жана байланыш министрлиги апрель айынан тарта европалык стандарттардагы учактар Кыргызстан аймагында каттай баштаарын жарыялады.

Москвада өрттөн кыргыз кыз набыт болду

9-январда Москвадагы италиялык ресторанда чыккан өрттөн 3 киши каза тапты. Алардын бири кыргыз кыз. 7 кыргызстандык жаракат алып ооруканада.


Орусиянын баш калаасында кечээ италиялык ресторанда газ баллон жарылып, андан чыккан өрттөн үч аял набыт болуп, 39 адам ооруканага түшкөн. Кырсыктын себеби катары газ баллондорунун жарылышы айтылууда.

Ресторанда тутанган өрттөн Толгонай Сатыбалдиева аттуу 24 жаштагы кыргыз кызы мерт кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Кулукеева ооруканадагы 7 адам Кыргызстандын жараны экенин билдирди:

- 1987-жыл туулган жалалабаддык Толгонай Сатыбалдиеванын көз жумганы азыр эле белгилүү болду. Андабаев Марат, Батырбекова Назгүл, Кушиева Бактыгүл, Сарбашева Наргиза, Сатывалдиева Анваржон, Сатывалдиева Феруза жана Алисултанова Азиза Москвадагы ооруканаларда жатышат. Акыркы эки адам Орусиянын жарандыгын алышкан экен. Кээ бирөөнүн абалы оор, калгандарыныкы дурус экен.

Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Леонид Печатников бүгүн москвалык ооруканаларда 28 адам дарыланып жатканын кабарлады. Алардын он үчүнүн абалы оор, үчөөнүкү өтө оор. Ал эми ресторандын ашпозчуларынын биринин денесинин 100 пайызы күйгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча ооруканадагы адамдардын көбү Орусиянын жараны болгону менен фамилиялары азиялык болуп чыгууда. Маалымат катчы Айымкан Кулукеева мигранттардын көбү Орусиянын жарандыгын алып, анан жумушка орношоорун эскертет:

- Алдын ала тактоолор боюнча аталган үч жаран ресторандын ашканасында иштечү экен. Ыкчам топтун маалыматы боюнча 10-15 азиялык фамилия бар экен, азыр такталууда. Аныкталган үч адамдын туугандары Москвага келишти.

Москвада жүргөн көптөгөн кыргызстандык эмгек мигранттар кафе, ресторандарда ашпозчу, идиш жуугуч, официант болуп иштешет. Кыргызстандыктарды айрыкча жапон тамагы суши даярдалчу ресторандарда көп жолуктурса болот.

2011-жылы кырсык орун алган ресторанга өрт коопсуздугу боюнча 11 жолу эскертүү берилген.

Өрттөн жабыр тарткандардын абалдары кандай, аларга кайсы мамлекет кандайча көмөк көрсөтөөрү тууралуу маалымат берүүнү улантмакчыбыз.

Life News аттуу орус массалык маалымат каражаты жабыр тарткандардын алдын ала тизмесин жарыялады (тизме өзгөртүүсүз берилүүдө).

1. Агаджанова Ника, 3
2. Агаджанова Виктория, 39
3. Агаджанова Светлана, 52
4. Агафонов Руслан, 28
5. Андабаев Марат, 32
6. Горбоконенко Тимур, 21
7. Егоян Сиранош, 36
8. Кушеева Бухтыгыр, 28
9. Латыпов Раиль, 29
10. Михень Антон, 29
11. Сатвалдов Анвар, 40
12. Сотыбалдыева Феруза, 28
13. Григулев Дмитрий
14. Батырбеков Насгюль
15. Мкртчан Феликс, 14
16. Гущин Денис, 30
17. Варваркина Ангелина
18. Гуцуляк Нина
19. Джамилов Мухадин
20. Кожухарь Ирина
21. Зуйкина Ольга
22. Васильев Валерий
23. Алисултанова Азиза
24. Умаралиева Мамлака
25. Зыкова Татьяна
26. Дациева Анна
27. Фуйур Ларидана
28. Усманов Азизбек
29. Сарбашева Наргиза
30. Подольская Ирина
31. Карабаев Владимир
32. Дамаев Сергей

Аскаров ачкачылык жарыялабайт

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров 10-январга белгиленген ачкачылыктан баш тартты. Бул тууралуу 10-январда акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Мындан тышкары Аскаров акыйкатчы аркылуу укук коргоочуларга жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон. Ал кайрылууда өзүнүн күнөөсүз экендигин дагы бир ирет билдирген.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда Базар-Коргон районунда башаламандык уюштурган деген негизде 8 адам менен бирге айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аскровдун каты, 10-январь, 2012-жыл
Аскровдун каты, 10-январь, 2012-жыл
Азимжан Аскаров 9-январда жазган кайрылуусунда ачкачылык жарыялоого камынып жатканын билдирген. Бул анын соттор чыгарган өкүмгө каршы туруунун саясий кадамы болмок. Бирок акыйкатчы Турсунбек Акун аны ачкачылыктан баш тартууга ынандырганын айтты:

- Аны ынандырыш аябай оор болду. Ал киши “мен 10-январдан ачкачылык жарыялайм” деп катуу берилип алыптыр. Анан “өлүп калсам ичимди ачпай, сөөгүмдү балдарыма берип койгула” деп мага кат жазып жибериптир. Мен тынчсызданып, абактын жетекчилиги менен байланыштым. Абакка өз кызматкеримди жиберип, телефон аркылуу жарым саатча сүйлөшүп, аны ачкачылык кармабоого ишендирдим.

Акыйкатчынын айтымында, ачкачылыкты Аскаровдун ден соолугу көтөрө албайт.

Аскаровдун иши кайра каралабы?

Өткөн жылдын 21-декабрында Жогорку Сот Аскаровду өмүр бою эркинен ажырткан райондук жана облустук соттун чечимдерин күчүндө калтырган болчу. Аны менен чогуу дагы 8 адам сот жообуна тартылган. Жогорку Соттун чечимине макул болбогон Аскаров ачкачылык жарыялай тургандыгын айтып, жергиликтүү жана эл аралык коомчулукка кайрылган эле. Бирок айрым укук коргоочулар аны ачкачылыктан баш тартууга чакырышкан. Аскаров өзү 28-декабрда журналисттер менен жолукканда буларды билдирген болчу:

- 10-январда жарыялайм деп айткам. Бирок акыйкатчы келип жатат, башкалар да келүүдө. Эми ойлонуп көрөм го. Бирок мен алгачкы күндөрү “болду, бүттү” деп ойлогом.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун өкүмү акыркы чечим деп саналып, даттанууга жатпайт. Бирок акыйкатчы Акун Аскаровдун ишин кайра кароого мүмкүн деген ойдо.

- Аны жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп караса болот. Анткени тергөө иштери жогорку деңгээлде сапаттуу жүргөн эмес.

Аскаровду коргоо боюнча эл аралык комитет деп түзүлүп жатканын Турсунбек Акун кошумчалады. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова да ишти кайра тергөө зарыл деп эсептейт.

- Бул ишти бузуп кайра караганга жагдайлар көп. Анткени башынан эле бул иш туура эмес жүргөн.

Исмаилова 30-декабрда бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент менен жолуккан кезде бул маселени көтөрүшкөнүн белгиледи.

"Кылмышкер абакта отурушу керек"

Ошол эле кезде 2010-жылы июнь айында Базар-Коргондогу калабада жабыр тарткандар жана сот органдары Азимжан Аскаровду айыптуу деп санашууда. Алардын айтымында, Аскаров Базар-Коргондо улуттар ортосундагы массалык башаламандыкты, милиция кызматкерлерине кол салууну уюштурган.

Чынара Бечелова
Чынара Бечелова
Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, кандуу окуяда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Мыктыбек Сулаймановдун жакындары “Аскаров жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда” деген ойдо. Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова:

- Азыр заманыбызды деле түшүнбөй калдым. Анткени баары кылмышкерлердин сөзүн угушат, “кыйналып жатат, антип жатат” дейт. Ал камакта бекеринен отурган жок да. Ал кылмыш кылган, аны мойнуна коюшту. Райондук, облустук жана Жогорку Сотто да мойнуна коюшту. Кылмыш жасагандан кийин жазасын тартыш керек.

Өз кезегинде Жогорку Сот да Аскаровго байланыштуу мыйзамдуу жана адилет чечим кабыл алганын белгилеп келүүдө. Бир катар эл аралык уюмдар болсо Аскаровду тезинен бошотууга чакырышууда.

Абдрахматова: КТРК тууралуу мыйзамда карама-каршылык бар

КТРК тууралуу мыйзам боюнча коомдук телерадиоканалдын редакциялык кеңешчиси Атыр Абдрахматова кеп салды.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев "Коомдук телерадио корпорация тууралуу" мыйзамга кол койду. Ал мыйзамга ылайык, КТРКнын жаңы Байкоочу кеңеши үч айдын ичинде шайланышы керек. Ал эми башкы деректирдин тагдыры кандай болот?

Атыр Абдрахматова: Ооба, мыйзам боюнча Байкоочу кеңеш үч айдын ичинде дайындалышы керек. Башкы деректир боюнча мыйзамда эч кандай сөз жок. Азыркы башкы деректир негизи 5 жылга азыркы Байкоочу кеңеш тарабынан шайланган. Ошондуктан бул кишинин беш жыл иштөө укугу бар. Бирок жаңы Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн пикири боюнча, же саясий позициялар боюнча кайра шайлайбыз деп маселе көтөрүп чыгышса, анда башкы деректирди кайра шайлоого башка себептерди таап чыгышы мүмкүн.

“Азаттык”: Биринчи Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн шайлоо бир катар маселелер менен коштолгон. Бул ирээт кандай болот? Мыйзамда тартиби так көрсөтүлгөнбү?

Атыр Абдрахматова: Бул мыйзамда Байкоочу кеңеш үч тараптан сунушталып, аны Жогорку Кеңеш бекитет. Биринчи тарап, президенттин квотасы бар. Экинчиси Жогорку Кеңеш, үчүнчүсү жарандык коомдун квотасы бар. Бул кишилердин бардыгы Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берилет. Мыйзамда рейтинг боюнча добуш берүү деп белгиленген. Анан парламент рейтинг аркылуу 15 кишини тандап алат.

Бул он беш киши үч айдын ичинде шайланабы, же шайланбай калабы, кандай процедуралар ишке кирет, бул тууралуу мыйзамда сөз жок.

“Азаттык”: Бул кийин проблемаларды жаратпайбы?

Атыр Абдрахматова: Эсиңиздерде болсо керек, бул мыйзам башынан эле проблемаларды жаратып келаткан болчу. Менимче, мындан ары да бул мыйзамдын тегерегинде сөз көп болот. Анткени ошол жаңы Байкоочу кеңеш үч айдын ичинде шайланышы керек деген норма дагы башка нормага түздөн-түз карама-каршы келип калат.

Мыйзамда иштеп жаткан Байкоочу кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин үч айдын ичинде жаңы сынак жарыяланышы керек деген да норма бар. Ошондой сынак үч ай мурун жарыяланса, кайра эле ошол жерде жаңы Байкоочу кеңеш үч айдын ичинде дайындалышы керек деген норма киргизилип калган. Бул мыйзамдын өзүндө карама-каршылыктар көп.

Бул жерде тоскоолдук жарата турган дагы бир норма бар. Жарандык коом өзүнүн сунуштарын Жогорку Кеңештин комитетине берет. Парламент ошол сунушталган 10 адамды кандай жол менен тандап алаары белгисиз. Анткени комитеттин өзү эле буларды каалайбыз, ал эми буларды каалабайбыз деп бөлүп алышы мүмкүн. Анан Жогорку Кеңеш комитети берген 10 кишинин бешөөнү тандап алат.

“Азаттык”: Экс-президент Роза Отунбаева ушул мыйзамга эки жолу каршы пикирин билдирген болчу. Бул ирээт кандай болуп мыйзамга кол коюлуп калды?

Атыр Абдрахматова: Бул мыйзамды үч тараптуу: мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги жана президент болуп макулдашылган вариантты кабыл алышы керек болчу. Анан макулдашылган вариантты кабыл алып жатканда карама-каршылык эмнегедир калып кала берген. Отунбаеванын эң биринчи каршы пикири ошол карама-каршылыктарды жоюуга байланыштуу болчу.

Жогорку Кеңеште мыйзам каралып жатканда ошол каршы пикирди эске алып туруп, бирок ошол нормалардагы келишпестикти сактаган боюнча кабыл алышкан. Бул эми ар бир адамдын профессионалдуулугуна байланыштуу. Депутаттар каршы пикирдин маңызын түшүнүп иш кылгандыгы да чоң суроо.

Ош: Имамдар диний агымдарды айырмалоону үйрөнүүдө

Имамдар окууда, Ош. 9-январь, 2012

Ошто имамдар билимин өркүндөтүү үчүн 20 күндүк окууга киришти. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чогулган 60тай диниятчы диний экстремизм, салттуу ислам жана динге байланышкан мыйзамдык актылар жөнүндө сабак алышмакчы.

Ош облус казысы Ниязалы ажы Ариповдун пикиринче, мечит имамдарын окуудан өткөрүү учур зарылчылыгынан пайда болду. Ал өзгөчө радикализм жана экстремизм маселелери курчуп жаткан мезгилде ар бир диниятчы бул жаатта терең билимге ээ болушу зарылдыгын айтат:

- Кыргызстанда ар кандай диний агымдар, диний жамааттар чыгып жатат. Кээде биздин салттуу ислам динине туура келбеген диний кыймылдар да жок эмес. Так ошолорду таанып билүү, айырмалай билүү сыяктуу маалыматтарды окуулукта үйрөтөбүз. Муфтият, казыят жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жаткан бул курстун башкы максаты ушул.
Учурдагы динге байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде комплекстүү программа иштелип чыгышы керек. Ошонун негизинде жасалган бирдиктүү саясат гана бизди сактап кала алат. Тимур Козукулов

Ариповдун белгилешинче, бул окуулук мечит имамдарынын тажрыйба алмашуусуна да өбөлгө түзүп бермекчи:

- Намаз окууда, мечиттердеги диний иштерди жүргүзүүдө имамдарда айырмачылыктар болуп келгенин моюнга алабыз. Ал жетишсиздиктерди жоюу үчүн 20 күндүк окууда алар толук билим ала алат деп айта албайбыз. Бул жерде болгону көз караштардын түздөлүүсү жана негизги, туура багыттарда жүрүү үчүн болуп жаткан аракет. Бир эсе бул чогулуу аймактагы мечит имамдарынын бири-бири менен тажрыйба алмашып, бири-биринен жакшы нерселерди үйрөнүү жагынан да өз жемишин берет.

ОшМУнун теология факультетинин базасында өтүп жаткан окуулук 20 күнгө созулмакчы. 8 жылдан бери уюштурулуп келаткан иш-чараны Түркиянын «Дианет» коому каржылоодо.

Кара-Суу районунан келген имам Асаттилла ажы Нурматов алардын ишинде жаңы усулдар зарыл болуп калганын ачыктады:

- Негизи илим ар бир күнү жаңыланып турат. Биз мына 50дөн ашып калдык, бардык нерсени билебиз деп олтура берген менен болбойт. Күндөн күнгө жаралып жаткан жаңы усулдарды үйрөнүү азыр бизге абадай зарыл болуп турат. Анткени кээде биз түшүнбөгөн, же билбеген жагдайларда кыйналган учурлар бар. А өзүбүз билбесек, карапайым элди да адаштырып коюушубуз мүмкүн. Ошон үчүн илимди жаңыртуу ар бир имамдын милдети.

Баткен облусунун Кадамжай районунан келген диниятчы Айбек Нурмаматов болсо, диний жогорку билимдүү адистер имамдык кызматты аркалоодон баш тартып жатканына токтолду:

- Чынын айтайын, мына биздин Охна деген айылыбыздагы мечит азыр имамсыз турат. Мурда иштеген имамыбыз өзү жогорку билимге ээ болуп туруп иштебей койду. Ошол себептен райондун казысы бизди окууга жиберген. Буюрса бул жерден илимимди кеңейтсем, барып иштөөг укук алам.

Нурмаматов ошондой эле карапайым калк арасындагы диний сабатсыздыкты жоюу бир гана диниятчылардын иши эмес экендигин кошумчалады:

- Негизи адамдардын ар кандай багыттарга кирип кетүүсүнө бир эле имамдар күнөөлүү эмес. Биз имамдык кылсак мечитке келген кишилерге имамдык кыла алабыз. Үйүнө барып айтайын десең, ар ким өз билгениндей жашай турган заман азыр. Ошол себептүү диний билимдин тайкылыгынан, же акча деп атып ар кандай радикалдык кыймылдарга мүчө болуп кеткендерди да угуп жатабыз. Бирок бул процесстин алдын алууга коомчулук өзү күрөшүүсү керек.

Ал эми жергиликтүү талдоочу Тимур Козукулов имамдардын курстан өткөрүү менен гана диний маселелерди чечип коюу мүмкүн эмес деп эсептейт:

- 20 күндүк курс менен эле имамдар бардык нерсени үйрөнө алышпайт. Анан ошо менен маселенин баарын чечип жиберебиз дегенге да мен көп кошула албайм. Учурдагы динге байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде комплекстүү программа иштелип чыгышы керек. Ошонун негизинде жасалган бирдиктүү саясат гана бизди сактап кала алат.

Маалым болгондой, буга чейин аймактагы имамдардын 60-70 пайыздан ашыгы атайын диний билим албагандыгы сынга кабылып келген. Эми соңку аракеттер диниятчылардын сабатын жоюуга аз болсо да салым кошо алаарына үмүт арткандар арбын.

Кадырбеков: Жапониядан Кыргызстанга жардам көп

Кыргыз-жапон алака-катышы тууралуу дипломат Нуржигит Кадырбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алака-катышына быйыл 20 жыл толду. Сиздин баамыңызда, Кыргызстан бул убакыт аралыгында кызматташуудан эмне ала алды?

Нуржигит Кадырбеков: Дипломатиялык мамилелер үч багытта: экономикалык, саясий жана гуманитардык-маданий багытта өнүгөт. Эгерде кызматташууну анализдей келсек, бизден Жапония алганга караганда, Кыргызстан бул өлкөдөн алда канча көп нерсе алды.

Бир эле мисалды ала турган болсок, жапондор жардам бергенде көбүнчө техникалык гранттарды берет. Бул кайтарымы жок акчалар, кредит же карыз эмес. Экинчиден, кээ бир өлкөлөр жардам бергенде өкмөткө "мынча миллион доллар" деп колуна карматып коет. Бул өтө опурталдуу, анткени коррупция бар жерде акчалар сол чөнтөккө кетип калышы мүмкүн.
Кыргызстанга барган инвесторлору, эксперттеринин коопсуздугу сакталбаганына көз жеткенден кийин бул зыянын тийгизди.

Жапондор жардам бергенде, дыйкандарга десе сөзсүз дыйкандарга жеткирет. Мисалы, айыл чарба техникаларын. Эгер сыналгыга десе, бир канча миң доллар турган жакшы техникаларды алып келип берди. Эң башкысы жылына мамлекеттик кызматкерлерди өздөрүнүн мыкты университеттеринде окутуп берет. Андан сырткары кыска-кыска мөөнөттөгү программаларга чакырып жатат. Анткени адам ресурсун өнүктүрүү өтө маанилүү. Бул жагынан алганда Жапония Кыргызстандын келечегине чоң инвестиция кылып жатат.

Менин эсебимде жалпысынан 500 миллион доллардан ашык жардам алып койдук окшойт. Бизден ал жакка өтө деле кайтарым жок, анткени шарт ошондой

“Азаттык”: Эки өлкө дагы кайсы чөйрөдө кызматташса, ал үзүрлүү болот эле деп ойлосуз?

Нуржигит Кадырбеков: Эми саясий мамиле дипломатиялык эрежелерден сыртка чыга албайт. Анткени мунун глобалдык, геосаясий деңгээлде көп себептери бар. Бирок эң өкүнүчтүүсү экономикалык тармакта көрөңгөбүз, потенциалыбыз чоң. Бирок ошону колдоно албай жатабыз. Жапон инвестиция салган өлкөлөр чындап эле өнүккөн. Ал эми Кыргызстан менен Жапониянын экономикалык мамилелери абдан эле төмөн деңгээлде. Соода-сатык дээрлик жок. Колдонулган машиналарды сатып алууну, анча-мынча туристтерди эсепке албаганда.
Кээ бир өлкөлөр жардам бергенде өкмөткө "мынча миллион доллар" деп колуна карматып коет. Бул өтө опурталдуу, анткени коррупция бар жерде акчалар сол чөнтөккө кетип калышы мүмкүн.

Жапон бизнесин бул жакка тартууга тоскоол болгон үч-төрт себеп бар. Алардын бирөө - Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда түз аба каттамы жок. Токиодон Бишкекке учак түз учпайт.

Экинчиден, Жапонияда Кыргызстан тууралуу маалымат өтө аз. Кийинки учурларда Кыргызстан тууралуу укса да, ыңкылаптар, саясий туруксуздук, этностор аралык карама-каршылыктар аркылуу билип атат. Бул өтө өкүнүчтүү.

Үчүнчүдөн, тилекке каршы Кыргызстандын инфратүзүмү өтө жарды. Деңизге чыккан жолубуз жок, андан сырткары географиялык шартыбыз оор. Ошондой эле жолдорубуз, темир жолдорубуз, аба каттамдарыбыз жакшы өнүгө электиги өтө чоң проблема.

Анан коопсуздук маселеси бар. Кылмыш дүйнөсү, коррупция бар жерге жапон инвесторлору келүүдөн чочулайт. Ушул жактарын эске алып жапон инвесторлорун алып келсек, Кыргызстан үчүн абдан жакшы болот эле.

“Азаттык”: Жапония Кыргызстан менен тоо-кен тармагында кызматташууга кызыгып жүрчү. 1999-жылы Баткен окуясында төрт жапон геологун моджахеддер барымтага алып бошоткондон кийин бул жаатта алака токтогон. Ушул окуя гана бул тармактагы кызматташууну токтоттубу, же мунун дагы башка себептери барбы?

Нуржигит Кадырбеков: Тоо-кен тармагы абдан перспективдүү тармак. Кыргызстан бул жактан да алардын инвесторлорун тартса болот. Бирок жогоруда айткандай, коопсуздук маселеси булар үчүн өтө маанилүү. Кыргызстанга барган инвесторлору, эксперттеринин коопсуздугу сакталбаганына көз жеткенден кийин бул зыянын тийгизди.

Мен Жапонияда окуп жүргөнүмдө бир профессор Кыргызстанды жапониялык кен чалгындап жүргөн 4-5 экспертти террорчулар кармап алгандан улам билерин айткан. Бул өтө опурталдуу нерсе. Ушул жагынан таанылганыбыз албетте бир топ зыянын тийгизет.

“Азаттык”: Рахмат.

Чиновник дүнүйөсүн неге жашырат?

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү башталды.

Ал ортодо адистер коррупцияны жоюуга багытталган бул иш-чарадан майнап чыкпайт деп жатышат. "Арай көз чарай" талкуусу ушул маселеге арналды.

Талкууга Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев, КырТАГ маалымат агенттигинин башкы директору Улан Исаков катышты.

Талкуунун биринчи бөлүгү



“Азаттык”:
Чолпонкул мырза, январдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү башталды. Жалпысынан канча мамлекеттик кызматкер ушул декларацияны толтурушу керек?

Чолпонкул Арабаев: Мыйзамдын негизинде бул өнөктүк быйыл 8-жолу өткөрүлүп жатат. Орто эсеп менен быйыл 17 856 мамлекеттик кызматкер өзүнүн айкындамасын толтуруш керек. Былтыр 100% толтуртканга жетиштик. Бул оңойго турбайт. Мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы эле декларация толтурууга бирдей карабайт. Кээ бир кызматкерлердин, ошонун ичинде саясий мамлекеттик кызматкерлердин артынан сая түшүп толтуртканга аракет жасадык.

“Азаттык”: Эми ушулардын бардыгы эле декларацияны толтуруп беришеби? Артынан сая түштүрбөй эле ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзам боюнча кирешелери тууралуу декларацияны толтурууга милдеттүү да...
Мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгы ченелүү өлчөмдө болот. Аны менен кымбат унаа же кымбат үй сала албайт, же батир ала албайт. Ошондуктан жашырганга аракет кылышат. Азамат Арапбаев

Чолпонкул Арабаев: Негизинен ошондой болушу керек. Биринчиден, мыйзамды сыйлабаган, мыйзамга анча маани бербей, убагында толтурбай, "кийин деле беребиз, боло берет” деген да мамиле бар. Кээде иш сапарга кетип калган учурлар болот экен. Ошондуктан биз майрам күндөр бүтөөрү менен маалымат каражаттары аркылуу эртелеп таратып жатабыз.

“Азаттык”: Азамат мырза, өзүңүзгө деле маалым болсо керек. Өткөн жылы декларация толтуруу өнөктүгүнөн кийин сиздин айрым бай деп эсептелген кесиптештериңиздин эски унаасы менен батиринен башка мүлкү жок болуп чыккан. Эмне үчүн мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар дүнүйөсүн ачык көрсөткүлөрү келбейт?

Азамат Арапбаев: Декларация толтуруу бизде бир аз формалдуу турдө өтүп атат. Бул боюнча мыйзам бар, бирок декларация берип жаткан маалыматтар үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Ошондуктан көп мамлекеттик кызматкерлер айылда бир канча малым, тоогум, коюм бар дегенге чейин жазып беришет. Ошонун бардыгын тактап чыксак жүз канча миллион кой болуп кетиши мүмкүн. Жоопкерчиликти сезбей толтурушат.

Кыргызстан коррупциялашкан мамлекеттердин алдыңкы катарында турарын баары билет. Коррупция дегенде баарыбыз эле эмес, мамлекеттик кызматта отургандар коррупциялашкан деп эсептейбиз. Ошондуктан ал мүлктү мамкызматкер кантип табат? Өзүңүздөргө белгилүү, мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгы ченелүү өлчөмдө болот. Аны менен кымбат унаа же кымбат үй сала албайт, же батир ала албайт. Ошондуктан жашырганга аракет кылышат.

Талкуунун экинчи бөлүгү



“Азаттык”: Эксперт, серепчилер коррупцияны жоюуга багытталган бул иш-чарадан майнап чыкпай турганын белгилешүүдө. Ачык-айкындуулукту камсыз кылат деген бул өнөктүк чын эле ачыктыкты камсыз кыла алабы?

Улан Исаков: Совет доорунан бери ОБХС келатат дегенде үч коюн эки кой, бир кой деп көрсөтүп, тирандык режимден коркуунун кесепети. Бул жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында бар. Бир гана мен Грузияда жашап атканда президент Саакашвили акчанын айлануусун тездетүү үчүн бир жыл декларация сурабай койду. Экинчиден, биз көмүскө экономикадан таза жана ачык саясатка чыга элекпиз. Анткени азыр түрмөнүн мыйзамы, ортодо демократиянын мыйзамы менен жашай калабыз. Анан митингдин мыйзамы менен. Биздин негизги көйгөйүбүз ушул. Андан сырткары менталитет маселесинен арыла элекпиз, толук капиталисттик системага кире элекпиз.

“Азаттык”: Кыргызстанда мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар мал-мүлкүн ачык көрсөтүшү үчүн эмне кылуу керек? Мыйзамдарды күчөтүп, алардын жоопкерчилигин арттыруу керекпи? Же бул маселени алардын өз абийирине койгон оңбу?

Улан Исаков: Азыр чынын айтканда Кыргызстанда көп кишинин бети "бетон" болуп калбадыбы. Өз абийирине койгондо деле маселе чечилбейт. Декларация толтургандын артында эмне болот? Мамлекеттик кадр кызматы дагы ушул жагынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү абзел. Балким чиновник ошону билбейт, бирок өзү коркуп атат.
Канада менен Америка тууралуу айтсак, ал жерде баары ачык-айкын, кашкайып көрүнүп турат. Ал жакта ким бай болсо, ага көз артып, көрө албастык кылуу деген жок. АКШ сенатынын жарымы эле миллионерлер. Анын баары ачык эле интернет сайттарда жазылып турат.
Аскарбек Мамбеталиев

Талдоочу Аскар Мамбеталиев: Мамлекеттик кызматкерлердин эмне үчүн байлыгын жашырганын билбейт экем. Бирок эгер аны жашырып жатса, демек анын кандайдыр бир туура эмес жолдор менен алынган жайы болушу мүмкүн. Ошон үчүн жашырат. Бул биринчи себеби болушу мүмкүн. Экинчиден, азыр Кыргызстанда бейбаштык өкүм сүрүп жатат. Жеке менчик дегенди сыйлоо жок. Кокус бир нерсе болсо менчигиме кол салабы деген да кооптонуу болушу мүмкүн. Бул экөөсүнөн башка мүлктү жашырууга себеп жок.

Мен Европада, андан башка да көп эле жерде болдум. Бирок Канада менен Америка тууралуу айтсак, ал жерде баары ачык-айкын, кашкайып көрүнүп турат. Ал жакта ким бай болсо, ага көз артып, көрө албастык кылуу деген жок. АКШ сенатынын жарымы эле миллионерлер. Анын баары ачык эле интернет сайттарда жазылып турат. Негизги айлыгы 150 миң доллар, андан башка да жыйып койгон мүлктөрү бар.

Эң аз айлыкты канадалыктар алат. Үч жыл мурдагы белгиленген өлчөм боюнча 157 миң доллар алат. Бул өлкөлөрдүкү интернет булактарда ачык эле жазылып турат. Азыр бул жакта отуруп, мен деле “Гуугл” издөө системасына кирип, Американын сенаторлорунун айлыгы десем, баары жылмайган сүрөттөрү менен чыга келет. Аларды эч ким эч нерсе кылбайт. Эгер топурап келип, басып алабыз дей турган болсо мамлекет күчтүү.

Кумардын кулу

Бүгүн “Фабула” гезити жарыкка чыкты.

Ошентип жаңы жылдык эс алуудан кайтып келген гезиттер жарык көрө баштады.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезитине “Ар-намыс" фракциясынын депутаты Бакыт Жетигеновдун казино боюнча маеги жарык көрүп, анын көздөй тааныштарынын бири Орусияда иштеп жүрүп кумар оюнуна азгырылып кетип, акыры муунуп өлүп калганын, мындай фактыларды миңдеп мисалга тартса болорун, Бишкек бүгүн кумарканалардын уюгуна айланып калганын, Ош базарда тачка түрткөн, "Дордойдо" жүк ташыган жаш балдар тапкан акчаларынын баарын кумарга уттуруп жатканын, башка жер аздык кылгансып эми "Дордойдогу" контейнерлердин ичине да кумарканалар ачыла баштаганын, ал эми 1-январдан баштап күчүнө кире турган мыйзам толук иштебей жатканын, мыйзамдын иштөөсүн түздөн түз көзөмөлдөөгө ала турган Башкы прокуратурага телефон чалса: “Бизге жогору жактан көрсөтмө болгон жок, ошондуктан бул маселе менен иштеген жокпуз” деген жоопту укканын, президент кол койгон мыйзамга Баш прокуратура дагы кимден кандай көрсөтмө күтүп жаткандыгына таң калган депутат Бакыт Жетигенов Ички иштер министрлиги рейд жасап иштеп жатканын, бирок мыйзам боюнча казинолорду жабууга ал тыюу салалбастыгын, эгер Каржы министрлигинин жапканга күчү жетпей жатса, өкмөт финполицияны ага берсе кандай жапканды көздөрүнө көрсөтөрүн айтты.

Жетигенов ошондой эле энергетика тармагында баягы эле Ширшовдун коррупциялык схемасы иштеп жатканын, казинолорду жабууга дагы эле финансы көзөмөлдөө кызматынын башчысы Юруслан Тойчубеков каршы болуп келатканын, анткени дал ушундай адамдардын “кормушкасы” кумарканалар экендигин, президент өткөн жылы кумарканалар 24 млрд. сом зыян келтирди деп айтканын, эгер жаңы өкмөт иштейлек жатып бул мыйзамды иштете албаса анда муну көрүп турган инвесторлор жаа бою качарын, казинолор боюнча азыр деле Бакиевдин тушундагы схема иштеп жатканын, баса казинолор менен криминалдык топтор тыгыз байланышта экенин да унутпоо керектигин кеп кылды.

Бакыт Жетигенов ошону менен бирге ага тааныштары аркылуу корейлер тараптан да, криминалдардан да чоң суммада акча сунушташканын, анын суммасы 5-6 жылга жыргап жашаганга кенен жетмектигин, бирок 6 жылдык арам акчанын жыргалына элинин келечегин алмаштырбастыгын, мыйзамды иштетүү боюнча акыр аягына чейин турарын билдирди.

“Фабула” гезити ушул эле санына “Кыргызстанда казинолор кадимкидей иштеп жатат. Мыйзам иштейби?” деген аталыш менен Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы казинолордун тизмесин жана алар кимдерге таандык экендигин, кимдерге катталгандыгын жарыялады.

Гезит бул санына “Өкмөттүн жаңы курамы жазга жетеби?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: Азыр өкмөттү сындоо эртелик кылат. Жарым жыл, бир жыл иштесин, эгер бул аралыкта өздөрүн көрсөтө албаса анда өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек.

Дипакадемиянын ректору Жумагул Сааданбеков: Буйруса жакшы эле иштейт деген ишеним бар.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев: Жаңы өкмөттүн курамына канааттанган жокмун. Себеби мурдуң кана десе оозун көрсөткөндөр министр болушту. Тазалансак, эскилерден арылсак дедим эле, тилекке каршы баягы эле Акаевдин, Бакиевдин убагындагы кадрлар келди. Эгер биз ушул жол менен кете берсек анда мамлекетибизди өнүктүрөбүз деген куру сөз бойдон кала берет деп корком.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Гүласал Садырбаева: Мурдагыга караганда жаңы өкмөттүн курамы адистиги туура келген адамдардан түзүлдү. Ар бири ар кайсы фракциянын талкуусунан өттү, - деп жооп берди.

“Темир” мамлекеттик ишканасынын башчысы Болот Мамбеткаримов өз кызматкерин травматикалык тапанчасы менен алты жолу аткылап эрмектегенин, ошентип өз жетекчисинен өлөрчө токомок жеген Рустам Саманчиев оор абалда ооруканада жатканын, илгери байлыгына көпкөн бай-манаптар өз уруусундагы сурап алары жок кулдарын өлтүрүп коюп басып кетчү жорукту бүгүн мамлекеттик кызматтагы Болот Мамбеткаримов деген жигит кайталаганын, баса токмок жеген жигиттин жубайынын айтмында, Мамбеткаримовдун бир нече кафе, ресторан, ишканалары жана аялдары барын, үйү курал-жаракка толгонун, ага ШНОС деп аталган май куюуучу түйүндөр да тиешелүү экендигин ачыкка чыгарды деп жазды бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити.

Аталган гезит бул окуя боюнча Свердлов райондук соту Мамбеткаримовду тергөө абагына камоо чечимин чыгарганына карабастан ал “башымдан жараат алдым” деген шылтоо менен кечээ республикалык ооруканага жата калганын да маалымдады.

Гезитте журналист Үсөн Касыбеков даярдаган “Шылтоого шыноо “ деген рубриканын алдында “Түндүкэлектр” ишканасынын ишин талоого алган макаласы да окурмандарга тартууланды.

"Биздин замандын артыкбаш адамы"

Муса Мураталиев

Орусияда Муса Мураталиевдин «Бурхан жана Мария» китеби жарык көрдү. Китептеги эки романда миграция, тарых, дин, өзгөргөн замандагы адамдар ортосундагы алака, анын ичинде жалгыздык темасы бир каармандын тагдыры аркылуу жаңыча чагылдырылат.


Кыргызды канатына калкалаган карга

Карга дегенде адатта кадимки эле канаттууну, анан кызыл-тазыл шырдакдагы оюну эстейбиз.

Көрсө бул оюну жок болуп кеткен КАРГА деген кыргыз уруусун эстеп жүрсүн деп, тээ жер каймактагандан бери карай, энелер кыздарына эстеликке келтирип келген турбайбы!


please wait

No media source currently available

0:00 0:16:20 0:00
Түз линк


Мен кыргыздын карга жана башка азыр биз билбеген уруулар тууралуу бул саптардын авторуна жүз миңдеген кыргыз мигранттары жашаган Москвада жолуктум.

Москвалык жазуучу, журналист Муса Мураталиевдин ондогон роман, аңгеме, жомоктору жана макалалары ондогон тилдерге которулган.

Муса Мураталиев "Бутпарас" китебинин бет ачаар салтанатында жазуучу Олга Озерова менен, 2011-ж.
Муса Мураталиев "Бутпарас" китебинин бет ачаар салтанатында жазуучу Олга Озерова менен, 2011-ж.
Муса Мураталиев: Бул карга уруусу маселен бугу, сарбагыштар менен жашташ келет. Башкача айтканда, эң байыркы урууларыбыз болгон.

Жазуучунун айтымында, карга уруусу каман, суртайган деген кыргыз уруулары сыяктуу эле тарыхтын түпкүрүнө түшүп кеткен:

Муса Мураталиев: Шырдакта карга деген ою бар эмеспи. Кечээ жакында көргөзмөдөн Курманжан Датка өз колу менен сайган сайманы көрдүм. Туштук окшойт, ошол туштукта да карга оюсу жүрөт. Мындайча айтканда, бүт түштүк, түндүк кыргызга (бирдей) тараган оюу. «Эсте калсын, эстеп жүрүшсүн» деп кыргыздар карганы оюга салган.

Биздин замандын артыкбаш адамы

Карга тууралуу айтылган «Манас айтуучу» романы 2011-жылы Орусияда жарык көрдү.

Ал буга чейин көптөгөн повесть-аңгемелери ондогон тилдерге которулган Муса Мураталиевдин автобиографиялык чыгармасы. Баш каарманы – горбачевдук Кайра куруу доорунда эрезеге жеткен таланттуу Бек Мырза.

Тоо койнунда туулуп, кыргыз ооз эки чыгармачылыгы эне сүтү менен канына сиңген Бек Мырза Москвадагы Адабият Институтунда окуп жүргөндө «Манас» эпосун акын курсташы Юрий Устага орусчалап беш жыл түшүндүрүп айтат.

М. Мураталиев Москвадагы кыргыз жаштары менен, июн, 2011-ж.
М. Мураталиев Москвадагы кыргыз жаштары менен, июн, 2011-ж.
Бек Мырза бирок 30 жыл ичинде Юрий досун кыргыздар канчалык байыркы жана нарктуу эл экенине эч ынандыра албайт. Кийинчерээк ашынган улутчул болуп кеткен Юрий акыры Бек Мурзанын өзүн «Сага окшогондорго бүгүнкү күндө орун жок, кыңк этпей жүрсөңөр, балким бөөдө өлүм болбойсуң» деп кекетет.

Бек Мырза Манастан өткөн айкөлдүк менен досунун кээр сөзүн көңүлүнө албайт. Бирок ал өзүн жалгыз сезет, анткени киндик каны тамган Чеш-Төбөгө барса да, аялы башка улуттан болгондуктан, өз туугандары өгөйлөшөт. Америкага кетип калайын дейт, ортодо акчасын шыпырып кеткен шылуундардын айынан бул тилеги да таш кабат. Акыры түн ичинде үйүнө келатканда кырма баш улутчулдар сабап кетишет.

Акылы ашып, адамгерчилиги ташып турса да, кайда жүрсө бөтөн адам болгон Бек Мырзанын образы ошентип өз заманынын артыкбаш адамдынын деңгээлине ачылат.

«Манас айтуучу» Муса Мураталиевдин СССР кулагандан кийинки 20 жылга чукул тыныгуудан кийин жарык көргөн «Идол и Мария» же «Бурхан менен Мария» китебиндеги кош романдын бири.

Жазуучунун неберелери, аманат сүрөт, 2011-ж
Жазуучунун неберелери, аманат сүрөт, 2011-ж
«Бурхан менен Мария» бүгүн Орусиядан тышкары Казакстанда, Европада, Америкада орус тилдүү адабият сатылган дүкөндөрдө сатылып жатат.

«Бурхан менен Мария» китеби 2 миң нуска менен орусиялык «Зебра Е» басылмасында жарык көрдү.

Чеш-төбөлүк Бурхан

Кош романдын экинчиси - «Бурхан менен Мария» бурхан куурчагын койнуна катып, тээ Ат-Башынын Чеш-Төбөсүнөн келген мигранттар жана алардын Москвада жашаган Бек деген тууганы туурасында.

Мигранттар алыс жерде сүт чачып, майлап-сүттөп, кеңешип-таңашкан Бурхан куурчак турмушта болгонбу же ойдон чыгарылганбы?

Муса Мураталиев: Ойлоп табылган деп айтса да болот, бирок ошого таканчыктай турган фактылар да бар. Бүгүнгө чейин элеттик кыргыздарда Теңирге, отко сыйынуу, отту сыйлоо, сууга сыйынуу, шамалды сыйлоо, тоого сыйынуу бар. Ошонун баары теңирчиликтен келет. Куурчагыбыз элес болсо, ал ошонун артындагы шаани ошол диндер пайда боло электеги теңирчиликти эске салат. Ошон үчүн мигранттар жүрөгүнө катып жүрүшөт. Себеби кыргыздын дини байыртадан болгон. Диндер кийин пайда болсо, кыргыздар ага чейин эле жашап өзүнүн дини болгон.

Романда Бектин үйүндө 30 чакты жердеши көп айлар жашайт, көбү короо шыпырат, бири чемпион болот, экинчиси байып кетет, үчүнчүсү кызганычтан киши өлтүрөт. Алар Бурхан менен кээде кеңешсе, кээде тепсендиде калтырышат. Бектин аялы топураган көп кишиге чыдабай, кетип калат...

«Манас айтуучу»
(романдан үзүндү)

Шырдакта калган "карга"
Шырдакта калган "карга"
«Карга кыргыздын улуу уруусу эле. Ошол себептен анын ээлеген жери башка уруулардыкынан алда канча кең болгон. Карганын аркасы тийип, кыргыз баласы жер, суу, жер, жарык дүйнө, дагы канча жыргалга жеткен экен.. Аларды жараткан карга болгон дешет!

Карга кыргыздарга жарыкты эң артында алып берген. Элден мурда Карга бут коерго жер жаратат. Анан ичерге суу жаратат. Өсүмдүк, айбанат, адам баласын жаратат. Бирок айлана караңгы боюча кала берет.

Түндүгү чүмкөлүү үйдүн ичиндей асман дайыма бүркөө болуп турган. Ошол түнөргөн түндө туш-тушка жарык чачкан Карга болгон. Анын жүнү алоолонгон жалындай күндүр-түндүр жанып турчу экен.

Жарыкты эңсеген адам баласы, айбанат анын артынан ээрчип жүрчү болот. Ошондо алардын ар бирине жарыгын тийгизүү үчүн Карга асманга учуп чыгып, жерге конбой жүрүүгө аргасыз болот. Тоо таштын бир капталын жарык кылса экинчи капталы калып, кыйналат. Айласы кеткенде Карга бир жолу асманга аябагандай бийик көтөрүлөт. Жер жүзүндө кыбыр эткендин жарым жартыдайы Карганын жарыгын алып алкашат.

Ошондо Карга асмандын түбүнө жетмекчи болот. Канатын күүлөп, кептерди тепкени келаткан ителгидей зымырап учуп, асмандын төбөсүн карай бет алат. Ал анан кырк түнү тынбай учуп, акыры асмандын төбөсүнө чейин көтөрүлөт. Астын караса ошондо да өзү жараткан тоо-таш, суу, жан-жаныбар, макулуктар кай бирлерине жарык тийбей атканын көрөт. Аларга да жарыгын чачуу үчүн Карга асманга андан да бийик көтөрүлөт. Бирок асмандын төбөсүнө такалып жылбай калат.

Ыйык куш жез тумшугу менен асмандын төбөсүн чокуп, ое баштайт. Карга туура кырк түн бою чокуп, тумшугу ысыган кезде, асмандын төбөсүнөн жарака кетип анын артындагы күндүн боосу жерге түшөт. Күндүн ысык нуру ыйык куштун жалындай жаркыраган жүнүн куйкалай өтөт!.. Качандыр жердин үстүн жангыз жарытып турчу ыйык куштун жүнү ошол сааттан тартып капкара түскө боелуп, өзгөрүп калат».

(Үзүндүнү автор орус тилинен «Азаттык» үчүн которду.)

«Бурхан менен Мария»
(романдан үзүндү)

"Поезд токтоору менен алды болуп жерге элди узатып кошо жүрчү жигит түштү. Ага удаа жоолугу желкесине кеткен келин чыгып, жигитке док арта кетти:

- Эй, байке! Ке! Чемичке чаккыдай бирдеме бер? Жолду ката элден тапкан параңдан бөлүш – кекиртегиңе туруп калат! Эй, келе! Кургур, даттануу китебиңе пикир калтырамын!

Поездден түшүп аткан жүргүнчүлөргө көз салуу менен алек болгон жигит келиндин кебин капарына албай турду. Анда келин жигиттин алдына өтүп, текемаңдай тура калып догун улады:

Муса Мураталиев (оңдо) Кремлде кыргыз жазуучулары менен. 1986-жыл. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.
Муса Мураталиев (оңдо) Кремлде кыргыз жазуучулары менен. 1986-жыл. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.
- Байке! Сыйлыктан каңтарыласың! Китептин барагы кабат тигилүү экен, өз көзүм менен көрдүм. Беттери номурлануу экен – айыра албайсың.

Бек тосуп чыккан коногу Сарматты качан чыгат деп бериде турду. Жүргүнчүлөр аягы басылбай чыгып атса да Сармат көрүнбөдү.

- Барчы ары! – деп чачылган жигит келинге далысын сала, тетири карады. – Жолду ката бекер чай бергеним аз келгенсип эми шириңкана сурайсың! Эриң экөөңдө уят деген жок экен! Коопсуздук кызматын чакырсам, бөйдө жерден кор болосуңар!

- Чакыр, – келин маакул болду. – Азыр эрим чыгат анан акчаңы жаныңан өз колум менен алам.

Жигит унчукпай чөнтөгүнөн жүз рубл алып келинге сунду:

- Ме! Жумуруңа жукпай калсын! Экинчи көзүмө көрүнбөйсү
ңөр!

Келиндин кыйындыгы Бекти таң калтырды. Отуздарга барып калган, маңдайкы тиштерин алтындан кептеткен, кулагына алтын сөйкө тагынган жулунгун келин. Эч убакта макияжды билбиген жүзү эркектин бетиндей, кой көздөрү кытмыр карап, кишини астыртан сынап турат. Орто бойлуу. Кара чачын тарап туруп желкесине бир тутам кылып түйүп алган.

Поездден акыры Бек тосуп чыккан Сармат түштү. Кол суна утур басышып келип, көкүрөктөрүн саал тийиштирип учурашты да ал-ахвал сурашканга өтүштү. Андан соң эмеле жигитке догурунган келинди көргөзүп:

- Бу менин аялым, – деди Сармат.

Келин Сарматка кол сунуп анын артынан Соняга кол суна:
- Алма! – деп өзүн тааныштырды."

(Китеп орус тилинде чыккан, үзүндүнү автор «Азаттык» үчүн которду.)

Андарактагы араздашуунун чоо-жайын парламенттик комиссия иликтөөдө

Андарак айылынын тургундары жаңжалдан кийин, 2011-жылдын 30-декабры.

Лейлектин Андарак айылындагы улуттар аралык чатакты парламенттик жана өкмөттүк комиссиялар иликтөөгө алды.

Өткөн жылдын соңунда - 29-декабрь күнү бул айылда кыргыз жана тажик улутундагы жаштар ортосунда мушташ чыгып, улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздаган. Пикир келишпестиктин келип чыгуу себептерин аныктоо, мындай окуялардын алдын алуу максатында өкмөттүк жана парламенттик комиссиялар 8-январда Андарак айылында болуп, эл менен жолугуп кайтты.

Шайлоо эки элдин ортосуна жик салдыбы?

Андарак – Кыргызстандын түштүк-батышындагы эң четки айыл. Калкын кыргыздар менен тажиктер түзөт. Өткөн жылдын соңундагы чыр үч кыргыз мектеп окуучусун тажик тектүү жаштар (мектеп курагынан өйдө) сабап койгондон чыккан. Бул чырдан тутанган жаңжалда эки сарай өрттөлүп, эки кичи дүкөн талкаланып, дагы эки үйдү өрттөөгө аракет жасалган.

Милиция чырды ырбатпай басууга жетишти.
Милиция чырды ырбатпай басууга жетишти.
Күч кызматтары аталган айылга өз учурунда жетип барып, топтолгон эки улуттун жаштарын бири-бирине жеткирбей тосуп калган. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Ошол күндөн бери айылда милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, жергиликтүү тургундардан ыктыярчы топтор да түзүлгөн.

Ошентип бул жаңжалдын себептерин иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын өкүлдөрү айыл калкы менен жолугуп, дооматтарды укту. Эл негизинен айылдагы курулушу токтоп калган «Манас» атындагы орто мектепти бүтүрүү үчүн 12 млн. сом акчаны өкмөттөн тездетип бөлдүрүү, майда чырды күчөтүп, маселенин оорлошуна себепчи болгондорду табуу талаптарын коюшту.

Айылдын тажик тектүү тургуну Тажидин ажы Бобоев буга чейин да жаштар арасында мындай майда чыр-чатактар болуп келгенин, бирок өткөн президенттик шайлоодон тарта эки элдин ортосунда ажырым күчөп отуруп, акыры ушундай окуяга алып келгенин айтат:

- Анча-мынча жаштар арасындагы талаш-тартышпы, же суу талашпы, боло келген мындай майда жаңжалдарды айыл ичинде эле чечип келгенбиз. Турмуштук маселелерде боло берет экен. Ал эми мына бул акыркы болгон чыр президенттик шайлоонун астынан башталды. Эл ар тарапка бөлүнүп калды да...

Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.
Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.
Лейлек районунун акими Нууман Сайдуллаев болсо Кыргызстандагы ар улуттун диаспораларынын ишин да карап чыгуу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай уюмдар ашкере саясатташып кетти жана жаштар ортосунда боло келген мындай майда мушташтар улуттар аралык маселеге айланбашы керек эле:

- Шайлоо деген шайлоо экен ушундай. Ушинтип жарылууну жараткан кайсыл бир чиновник камалдыбы? Жок. Эл экиге бөлүнүп калды бай жана кембагал болуп. Ачуу чындыкты айтышыбыз керек. Ал эми кичинекей майда талаштар болуп келген. Ал боло берет. Муну улуттук маселе катары көтөрүштүн кереги жок. Ачык сөздү ачык айтыш керек. Өзбекстанда кантип жашап жатышат, туугандардан карап көрүңүздөр. Бизде ушунчалык эркиндик берилген. Мына диаспора дегендер өз милдетинен ашып, саясатташып кетти.


Депутаттык комиссиянын сунушу


Болгон окуяны жайында иликтеп, тез арада жана келечекте чечилчү маселелерди карап, сунуштарын берүү үчүн Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссияны жетектеп келген депутат Төрөбай Зулпукаров айылдагы эки улуттун өкүлдөрү менен да жолугуп, тез арада аткарылчу иштер катары айылга милициянын таяныч бөлүмүн ачуу жана аймакта ички аскерлердин бөлүгүн түзүүнү сунуштады:

- Өзбүбүздүн сунуштарыбызды берип жатабыз. Тез арада чечилчү маселе катары Лейлек районуна ИИМдин аскерлери үчүн бөлүк ачуу жана Андарак айылына милициянын таянычын пунктун түзүүнү сунуштадык. Кийинки аткарылчу иштерди комиссия өз жыйынтыгында дагы көрсөтөт.

Андарактыктар тополоңдон кийин, 2011-жылдын 30-декабры.
Андарактыктар тополоңдон кийин, 2011-жылдын 30-декабры.
Жаңжалдарды алдын алуу боюнча жергиликтүү талдоочу Абдимиталип Ахматжанов ар бир жасаган иш боюнча мыйзамдуу негизде жооп берилээрин, мыйзамдын улуктугун коомчулукка жеткирүү зарылдыгын айтат.

- Митинг, күчкө салып чечмей деген жагдай болуп калды да. Бардык иштер мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш. Баары мыйзам алдында жоопту сезиш керек. Коомчулуктун психологиясына мыйзамдуулук жогору экенин калыптандырыш керек.

29-декабрдагы болгон окуя боюнча учурда 5 киши кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Баткен облусунда түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашаган 20 чакты айыл бар. Бул айылдарда да жаштар арасында жаңжал чыгып, мушташа кетмейлер болуп эле турат. Мындай жерлерде турмуштук маселелерди чечүү үчүн жергилктүү бийликтин жаңжалдарды алдын алуу боюнча атайын программасы деле жок.

Эл арасында чын эле мадырабаш балдардын мушташын минтип улуттук маселеге айлантып, элди көтөрбөй мыйзам менен чечсе, чыр баштагандар мыйзамдуу жоопко тартылса, чогула калып тополоң салмайлар токтойт беле дегендер да жок эмес.

Өкмөт "ашка жүктөрдөн" арыла баштады

Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 2011-жылдын 23-декабры.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер менен кызматкерлердин санын кыскартып, чакан өкмөт түзүү аракети башталды.

Жакынкы аралыкта бири-бирин кайталаган бир нече түзүм жана 3200гө жакын мамлекеттик кызматкер кыскармакчы. Ал арада айрым серепчилер кыскартууларды популисттик чечим деп атап, өкмөт өз милдетин толук кандуу аткара алышы арсар деген күмөн ойдо турат.


Кыскаруудан бир миллиард сом үнөмдөлөт

18 миңге жакын чиновниктердин үч миңден ашууну кыскартылышы күтүлүп жатат. Алдын-ала эсептер боюнча, башкаруу системасына кеткен чыгымдан 1 миллиард сом үнөмдөлөт... Темир Сариев

Жаңы өкмөт өзүнө караштуу 5 агенттикти, 9 кызматты, 4 фонд жана 2 көзөмөл инспекциясын түзгөнү жатат. Бул деген бири-бирин кайталаган, элестүү айтканда, “ашка жүк, башка жүк” органдарды жоюуну түшүндүрөт.

Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин эсебинде, жалпы кыскартуулардан 1 миллиард сом үнөмдөлөт:

- Жөн эле техникалык кыскартуулар болбостон, алардын функцияларын кыскартып жатабыз. Жалпылап келгенде, Кыргызстандагы 18 миңге жакын чиновниктердин үч миңден ашууну кыскартылышы күтүлүп жатат. Алдын-ала эсептер боюнча, башкаруу системасына кеткен чыгымдан 1 миллиард сом үнөмдөлөөрү күтүлүүдө.

Министр Сариев кыскартылган органдардын милдеттери тектеш министрликтер менен кызматтарга өткөрүлөрүн тактады. Алсак, монополияга каршы саясат боюнча агенттик экономика жана монополияга каршы министрлик болуп түзүлсө, дин иштери боюнча агенттиктин милдеттери юстиция министрлиги менен президенттик аппараттын алдындагы эксперттик-теологиялык кеңешке бөлүнүп берилет, ал эми кинематография боюнча агенттик маданият жана туризм министрлигинин курамына кирди.

Өкмөттүн курамындагы текшерүү кызматтардын саны азайып, 13 көзөмөл кызматынын ордуна 2 мамлекеттик инспекция түзүлөт. Финансы полициясы болсо эки эсеге кыскартылат.

Ал эми премьер-министр Өмүрбек Бабанов мекемелер менен кызматкерлерге кошо аларды тейлөөгө кеткен чыгымдарды да азайтуу каралганын билдирди:

- Өкмөттүн аппаратынын курамы да кыскартууга тушукту. Мурун өкмөттө 20 түзүм болсо, азыр 14кө чейин кыскартылды. Муну менен катар өткөн жылдын 30-декабрында атайын чечим кабыл алганбыз. Азыркы учурда мамлекеттик органдарды тейлеген кызматтык унаалардын санын 3000ден 1200гө кыскартылат. Биринчи баскычта 700 унаа кыскарат. Мунун негизинде 100 миллион сом үнөмдөлөт.


Кандай майнап чыгат?

Түрдүү агымдар жойлоп, мыйзамдар аларды тосууга кудурети жетпей жаткан кезде дин агенттигин жоюу туура эмес болуп калды.Жолборс Жоробеков

Кыскасы жаңы өкмөт сөзүнө туруп, артыкбаш саналган мекемелерди, ведомстволорду кыскартууга киришти. Ал ортодо өкмөттөгү кескин кыскартуулар ишке кедергисин тийгизет деп эсептеген адистер да аз эмес. Маселен, дин боюнча агенттиктин ыдырашын чоң жаңылыштык катары баалашууда.

Саясий илимдердин доктору, мурда аталган агенттикти жетектеген Жолборс Жоробеков диний кырдаал курчуп турган азыркы чакта бул мекеменин жоюлушун орунсуз чечим деп эсептейт:

- Азыркы өкмөттүн курамында дин боюнча агенттиктин жоюлушу ар түрдүү агымдар жойлоп, мыйзамдар абдан кенен болуп, аларды тосууга кудурети жетпей жаткан кезде туура эмес болуп калды. Калтырып, керек болсо анын кызматын күчтөш керек болчу. Дал ушундай кыскартуулар акыркы 10-15 жылдын ичинде өзүнүн жемиштүү жыйынтыгын деле бере алган жок.

Калкынын саны аз, бюджети тартыш Кыргызстанда чакан өкмөт түзүү демилгеси мурдатан эле көтөрүлүп келген.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөөлөр боюнча директору Азиз Иса болсо кеп кыскартууда эмес, өкмөттүн жаңыча иштей алганында деген ойдо:

- Кеп өкмөттүн түзүмүндө эмес. Кеп өкмөттүн канчалык деңгээлде эффективдүү иштей алганында. Биздин өкмөт эффективдүү иштей албай жатат. Эффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн алгач ирээт конкреттүү талап болуш керек эле. Бизде андай эмес. Мисалы, бизде өкмөт жүргүзгөн саясатты өзү иштеп чыгып, өзү аткарып, өзү баа берет. Буга объективдүү түрдө ченей турган баа жетишпей жатат.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда кыскартууларга чейин18 миңге жакын мамлекеттик кызматкер иштеп келген. Аларга мамлекеттик казынадагы каражаттын 24 пайыздан ашыгы жумшалып турган.

Андарактагы чатак

Айдоочусуна алты жолу ок аткан ишкер

Бишкекте Болот Мамбеткаримов аттуу ишкер 30-декабрдын түнүндө айдоочусун травматикалык тапанчадан алты ирет атканы бүгүн ачыкка чыкты.


Ок жеген Рустам Саманчиев ушул тапта 4-шаардык ооруканада оор абалда жатат. Аны аткан ишкер да ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калганы айтылууда. Муну жабырлануучу тарап ишкердин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалап жаткандыгын 9-январда маалымат жыйынында билдирди.


Жаңы жылдык “белек”


Бул окуя 30-декабрдын түнүндө Бишкектеги “Байсал” кафесинде болгон. Жабырлануучу тараптын айтымында, ишкер Болот Мамбеткаримов өз жамааты менен майрамдап жаткан жаңы жылдык кечеде мас болуп алып чатак чыгарат. Аны тынчтандырууга аракет кылган айдоочусу Рустам Саманчиевди сабап, травматикалык тапанчадан алты жолу аткан. Акыркы ок башына тийгени айтылууда.

Саманчиевдин жубайы Гүлүкан Айтбаева күйөөсүнө жардам көрсөтүлбөй, бир күн жумушунда жаткан дейт.

- Мени балдар тепкилеп кетти деп телефондон араң эле сүйлөдү. Токмоктон Бишкекке келип жумушуна барсам, төшөктө жатыптыр. Аябай кан кетиптир. Сүйлөгөнгө алы жок. Такси чакырып алып, 4-шаардык ооруканага алып бардым. Алты жерине ок тийиптир. Жеңилирээктерин алып, беркилерин ала албайбыз деп, реанимация бөлүмүнө алып кирип кетти. Ал жакта эки күн жатты.

Рустам Саманчиевдин жакындарынын айтымында, аны мурдагы жетекчиси Кыргызстанда сейрек кездешүүчү 9 мм “Гранд пауэр” үлгүсүндөгү трамватикалык тапанчадан аткан. Учурда үч ок дагы эле анын денесинде, анын бири жүлүнүнө жакын болгондуктан, алып салуудан дарыгелер чочулап жатат.

Бул иш боюнча 3-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, ишкерди камакка алуу чечими чыгарылган. Бирок ал учурда саламаттыгы начарлап кеткен деген негиз менен ооруканада жатканына Саманчиевдин жубайы Гүлүкан Айтбаева нааразы:

- Таппай жатабыз деп 3-январда гана саунадан кармашты. Ал ушунчалык бай адам экен. Менин күйөөм ага чымчык аткандай эле болду. Атып салып, жыргап саунада жүргөнүн карагыла. Сот тергөө абагында болсун деп чечим чыгарды. Бирок эмне үчүн сот тергөө абагына чечим чыгаргандан кийин кадимки ооруканада жатат?


Шаардык милиция: Ишкер кайтарууда


Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Болот Мамбеткаримов ооруканада кайтарууда экендигин билдирди. Аталган окуя боюнча Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Айгүл Давлетбаева мындай дейт:

- 3-январда Кылмыш-жаза кодексине ылайык иш козголгон. Ыкчам иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү Болот Мамбеткаримов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалагынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Анын камакка алынышы боюнча чечим чыгарылган. Ал эми 8-январда убактылуу кармоо жайында туруп, ал өзүн начар сезе баштаган жана тез жардам чакыртылган. Дарыгер карап көрүп, анын ооруканада дарыланышы керектигин айткан. Учурда ал шаардагы ооруканалардын биринде тартип коргоо органдарынын кайтаруусунда жатат. Дарыгерлер чыгаргандан кийин аны тергөө абагына алып кетишет.

Болот Мамбеткаримовдун өзү жана жакындары менен байланышуу аркакетибизден майнап чыккан жок. Маалыматтарга караганда, ал Бишкек жана Токмок шаарларындагы ШНОС май куйуучу бекеттерине ээлик кылат жана темир бизнеси менен шугулданат.

"Туңгуч" - Сүйөркул Дооровдун көргөзмөсү

Эрматов: Иши байкалбаган байкоочу кеңештер да бар

Жакын арада коомдук талкууга чыкканы жаткан "Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө" мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу депутат Эгемберди Эрматов айтып берди.

“Азаттык”: Ушул айда «Коомдук байкоочу кеңеш жана башка коомдук көзөмөл органдары жөнүндө» мыйзам коомдук талкууга коюлат. Мыйзам байкоочу кеңештердин аброюн жана жоопкерчилигин көтөрүүгө багытталган экен. Анын өзгөчөлүктөрү эмне болот?

Эгемберди Эрматов: Мыйзам мамлекеттик деңгээлге алынып чыгат. Байкоочу кеңештер мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарында, райондук деңгээлде да болот. Эң негизгиси байкоочу кеншти тандай турган атайын кеңеш түзүлөт. Аны президент бекитет. Байкоочу кеңештердин негизги милдети - мамлекеттик бюджеттен каржыланган бардык ишкана, мекемелерди, андан сырткары эл аралык уюмдардан грант каражаттарды алган мекеме, уюмдарды көзөмөлдөп турат. Байкоочу кеңеш эки жыл иштейт. Кеңештеги уюштуруу маселелерин караган катчысынбы, айтор бир-эки орунду мамлекет каржылоого алсын деген да талапты коюп жатабыз.

“Азаттык”: Байкоочу кеңештер 2010-жылдын ноябрь айынан тартып Кыргызстанда мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн бардык министрликтерде түзүлбөдү беле, бул өзүн актай алдыбы?

Эгемберди Эрматов: Бир жыл бою байкоочу кеңештер республикалык деңгээлде иштеди. Алардын бардыгынын төрагаларын чогултуп, Ысык-Көлдө кеңири жыйын өткөргөнбүз. Бир жылда топтолгон тажрыйбанын утушун, утулушун жыйнап туруп мыйзамга коштук. Өжөр, чечкиндүү, мекенсүйөр жана элге жардам берем деп иштеп жаткан байкоочу кеңештерден пайда чыгып атат. Саны бар, сапаты жок байкоочу кеңештер жөн эле жүрөт.

“Азаттык”: Учурда Байкоочу кеңешти көзөмөлдөөчү орган деп айта алабызбы? Анткени мурда-кийин ошол тармакта иштеген, айрым бир кызыкчылыктар үчүн кеңешке мүчө болгон деген сын-пикирлер айтылып калып жүрөт.

Эгемберди Эрматов: Байкоочу кеңешти ала турган атайын кеңеш түзүлгөнү жатпайбы. Алар курамын карайт. Жарымы жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, жарымы ошол тармакта иштеген кесипкөй адистерден түзөлөт. Союз учурунда элдик көзөмөл деген атайын уюм бар эле. Ошонун кайсы бир функциясын байкоочу кеңешке бербесек болбой жатат.

“Азаттык”: Кыргызстанда министр өзү байкоочу кеңештин төрагасы болгон учурлар бар. Кеңеш өзү көзөмөлдөөчү орган болсо, анан бул жагдай туурабы?

Эгемберди Эрматов: Жаңы мыйзамда андай жок. Ишкананын жетекчиси кеңешке мүчө болуп кире албайт. Анын орун басарларынын бири атайын добуш берүү менен кире алат, бирок чечүүчү добушка ээ болбойт.

Мурзубраимов: Улут аралык жаңжалдарды жашырбоо керек

Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов улут аралык жаңжалдарга майда-чоң дебей маани берүү зарыл деп эсептейт.

“Азаттык”: Акыркы он күн ичинде өспүрүмдөр арасында улут аралык өңүттөгү жаңжалдар катталды. Муну ачыкка чыгарыш керекпи, же коомчулукка жарыя кылбай эле чечкен оңбу? Негизинен акыркы кездеги Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылындагы мушташтардын арты эмнеге алып келиши ыктымал?

Бектемир Мурзубраимов: Мындай мушташтардан белгилүү бир деңгээлде кооптонуу бар деп айтсак болот. Себеби мындай маселелерге кичине же чоң дебей сөзсүз маани бериш керек. Аны жаап-жашыруунун зарылдыгы жок. Жаап-жашырган сайын, болгонун болгондой айтпай, тиешелүү укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар өзүнүн жазасын алмай сайын бул нерселер күчөй берет.

Кыргызстан эл ассамблеясы дагы бул маселелерге кайдыгер карабайт. Ассамблея коомдук уюм болгон менен Кыргызстандагы жашаган бардык улуттардын биримдигин сактоо, ошолордо болуп жаткан проблемаларды бийликке жеткирүү, болгонун болгондой, коркпой-үркпөй ачыгын айтып, мындайча айтканда ортодогу байланышты бекемдөө милдети биздин иш-чараларыбызга кирет. Бирок маалымат каражаттарында айрым бир күчөтүүлөр бар деп айтсам да болот. Себеби кичине нерсени көбүртүп-жабыртып, элдин, калктын көңүлүн ашыкча бурган учур болуп жатат. Жакында эле “Вечерний Бишкек” гезитинде белгилүү адамдар ассамблея өзүнүн аппараты менен ушул маселелерге көңүл бурбай жатат. Кавказ улутундагы элдер менен чоң жаңжал болду деп жазып чыгыптыр. Массалык жаңжалга жеткен жери жок.

Мен дагы бийликтен алынган маалыматтарга анча канааттанбай, өзүбүзгө тиешелүү адамдарды эч кимге айтпай-дебей, карапайым калк менен сүйлөшүп, учурашып келгиле деп жибердим. Ошонун жыйынтыгы боюнча бүгүн ассамблеянын курамындагы 30дан ашуун диаспора жетекчилери болуп кеңири жыйын өткөрөбүз. Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылында болгон окуялар туурасында да конкреттүү оюбузду президенттик администрациянын алдындагы Этникалык саясат бөлүмүнө сунуштайбыз. Алар да бул маселени белгилүү бир деңгээлде билиш керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда бардык улуттарды бир туунун алдына бириктирчү идеология жок деп айтылып жатат. Бул багытта концепция жазылып чыккан менен калк арасына кеңири тарабай жатат окшойт. Кыргыздардын өзүн ашкере улутчул болбогондой, ошол эле кезде бардык улут өкүлдөрүн Кыргызстан менин өлкөм дегендей бир идеологияга канткенде жетишүү мүмкүн?

Бектемир Мурзубраимов: Улуттар аралык маселе боюнча стратегияны Кыргызстан эл ассамблеясынын 7-курултайында кабыл алынган концепцияга кошумча киригизип, элге кайрадан жеткирүү керек болуп жатат окшойт. Абдан туура, “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” эмес, "Кыргызстан менин үйүм, менин мекеним" деген идеологияны бардыгына жеткирүү керек. Бул багытта жапа тырмак эл-журт, коомдук уюм катары биз да аракет кылып, салымыбызды кошушубуз керек болуп турат.

“Азаттык”: Буга чейин ассамблея саясий курал болуп калды деген дооматтар көп айтылып калды эле? Өткөн жылдардагы окуяларда деле байкоочу катары гана четте карап турган деген сындар көп айтылган. Эми улут аралык мамилени жакшыртуу үчүн ассамблеянын конкреттүү пландары барбы?

Бектемир Мурзубраимов: Биз бул маселелер боюнча жаңы жыл алдында диаспора жетекчилери менен чогулуп сүйлөшкөнбүз. Жогоруда айтылган идеологиянын негизинде эл менен тез-тез жолугушууларды өткөрүп, чараларды көрүшүбүз керек. Болуп жаткан окуялар туурасында пикирибизди билдирүү - биздин негизги милдет.

Өспүрүмдөр арасында улуттук касташуу кабатырлантат

Ылдыйкы Чүй айылынын тургундары кыргыз жана лезгин топторунун ортосундагы чатактан кийин, 2010-жылдын 31-октябры.

Чүй облусунун аймагында соңку он күн ичинде өспүрүмдөр арасында эки ирет этнос аралык мушташ катталды.

Жергиликтүү бийлик жана милиция аны балдардын күнүмдүк боло жүргөн бейбаштыгы деп атады. Ал ортодо серепчилер мындай майда чатактар масштабдуу улут аралык араздашууга алып барбас бекен деген кабатыр ойлорун айтууда. Деген менен эки мушташ тең улут аралык түскө ээ болгонун ырасмий бийликтер да мойнуна алат.


Балдар чатагы ырбап кетсе не болот?

Бишкекке ирегелеш жайгашкан Маевкада жана 20 чакырымча алыстыктагы Жаңы-Жер айылында түрдүү улут өкүлдөрү жашайт.
Балдардын ортосунда күнүмдүк эле болуп келген чатак болуп кеткен. Улуттар аралык келишпөөчүлүк, уруш болуп кетти деген жаңылыштык. Жараат алгандар жок, чыр ошол жерден дароо басылган
Бактыбек Жусубалиев, Чүй ИИБинин башчысы

Маевка айылындагы өспүрүмдөр арасында мушташ өткөн жылдын 26-декабрында мектептеги жаңы жылдык кечеде чыккан. Маевканын тургуну, “Өнүгүү жана тынчтык” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Яхмада Висаеванын айтымында, чатак кыргыз жана кавказ улуттарындагы окуучулар ортосунан от алыптыр:

- Бул чатак 26-декабрда мектептеги балаты учурунда болду. Кече учурунда лезгин бийине ылайык музыка коюлган экен. Мектептеги кыргыз окуучулар "лезгинканы койбогула" деп нааразычылык билдирип, “биздин айыл өкмөтүнүн башчысы ингуш улутунан болсо эле лезгинка бийлешибиз керекпи” дегенден чыккан экен. Дал ушундай мүнөздө, улуттук өзгөчүлүктөн улам мушташ башталган экен. Мушташтан кийин бул балдарды мектептин имаратынан айдап чыгышыптыр. Андан кийин алар түн ичинде башка жаңы конуштардан да балдарды чакырып алышып, жапырт мушташ чыгарышыптыр.

Ал окуядан бир апта өтпөй, жаңырган жылдын 2-январында Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында да кыргыз жана кавказ улутундагы өспүрүмдөр ортосунда жапырт мушташ чыкты. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кабары боюнча, кыргыз жана даргин улутундагы өспүрүм балдар мушташа кетишкен. Андан соң ар тарап өз жакындарын чакырып, калайман урушка жеткен.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев “Азаттыкка" төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Сокулук районундагы окуя боюнча кичине апыртма сөздөр жүрүп жатканын интернеттен окуп жатабыз. Чындыгында Жаңы-Жер айылында үч кыргыз жана даргин улутундагы балдардын ортосунда күнүмдүк эле болуп келген чатак болуп кеткен. Улуттар аралык келишпөөчүлүк, уруш болуп кетти деген жаңылыштык. Жараат алгандар жок, чыр ошол жерден дароо басылган.


Маселени жалпылап талкуулоо зарыл
Биздин бийлик, биздин укук коргоо органдары дагы деле болсо улуттар арасындагы мамилелерге олуттуу түрдө көңүл бурбай жатат.
Руслан Ташанов

Айрым талдоочулар болсо улут аралык мындай араздашууга Кыргызстандын ырасмий органдары тарабынан “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деген мамиле жасалып жатканын сынга алууда.

Улуттар аралык мамилелер боюнча бир нече изилдөөнүн автору, эксперт Руслан Ташанов Кыргызстанда мындай чатактарды утурумдук бас-бас кылып коюу артынан шишик улам толуп отуруп, калайман кагылыштарга алып келээрин акыркы эле тажрыйбалар көрсөткөнүн эске салууда:

- Биздин бийлик, биздин укук коргоо органдары дагы деле болсо улуттар арасындагы мамилелерге олуттуу түрдө көңүл бурбай жатат. Мисалга, июнь окуяларынан соң президенттин администрациясынын алдында этникалык өнүгүү боюнча бөлүм ачылган эле. Бирок ал алгачкы документин иштеп чыгаар менен эле өз ишин токтотуп салды. Эгер чатактарды мурдагыдай эле “эч ким укпасын, болгон жок, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дей бере турган болсок, келечекте дагы чоң чыр-чатактарга жол ачышы жана Кыргызстандын бүтүндүгүнө терс таасир эткен кесепеттерге алып келиши толук ыктымал.

"Борбор Азиянын эркиндик добушу" укук коргоо порталынын редактору Абдумомун Мамараимов да мындай ар бир окуя укуктук баасын албай, көңүл жубатуу аракети убактылуу натыйжа бергени менен түпкүлүгүндө касташуунун тымызын күчөшүнө алып келет деген ойдо:

- Былтыркы Ош окуяларына чейин деле ушундай маалыматтарды алып турганбыз. Ушундай ар бир жаңжал "жакшы" деп бүтүп келген. "Эл жарашты, баары жакшы" деп бүтүрүп койгонго аракет кылып жатышат. Чындыгында ал көйгөйдүн башы ачык бойдон калууда. Себеби күнөөкөр тарап күнөөсүн толук мойнуна алып, аң-сезими менен кечирим сурабайт. Кылмыш ишинен, жоопкерчиликтен качуу максатында эле кечирим сурап коёт. Ал эми жабыркаган тараптын кеги ичинде кала берет.

Азыр мындай чатактарды бас-бас кылуунун ордуна коомдук талкууга чыгаруу менен гана жамы журт катышкан чараларды көрүү абзел болоорун эксперт Руслан Ташанов эскертет:

- Улуттар аралык мамилени жөнгө салуу боюнча стратегия иштеп чыгып, анын негизинде бир багыттуу саясат жүргүзүшүбүз керек. Биринчиден, улутуна карбастан мен кыргызстандыкмын деген жалпы позицияны калыптандыруу боюнча иштерди жүргүзүү, экинчиден, аралаш тилдеги мектептердин санын көбөйтүү. Бир улут бир мектеп деп жүрө бере турган болсо, өзүнчө эле автономияны жаратып жатат. Анан биздин бийлик төбөлдөрү элге кайрылган учурда “кыргыздар” дегенден башка сөз сүйлөбөй калды. Анын ордуна “кыргызстандыктар” десе болот. Кыргыздар деп отуруп, биз бир улуттун ичинде курулай патриотизмге жол ачып жатабыз.

Маалыматтар боюнча, Кыргызстанды 80ден ашык улут байырлайт. Акыркы жылдары өлкөдө улут аралык жаңжалдардын улам артып баратканы байкалууда. 2005-жылдан бери Чүйдө бир нече жолду кагылыштар катталган. Ал эми 2010-жылы июнда кыргыз-өзбек улут өкүлдөрүнүн кагылышы 400дөн ашык адамдын өлүмүнө алып келген. Жакында эле Баткендеги Андарак айылында кыргыз жана тажик жаштары ортосунда чатак чыгып, айылдагы бир нече үй өрттөлгөн.

Футзал: “Наристе” эларалык турнири

8-январда Бишкекте футзал оюну боюнча "Наристе" эл аралык турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды. Таймашка Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын, Бишкек шаарынын жана Казакстандын командалары катышты.

3-январда башталган «Наристе-2012» эл аралык мелдеши 6 күнгө созулуп, 3 тайпада 42 команда мөөрөй талашты. Футзалдын жаңы жылдык алгачкы мелдешин өлкөнүн кичи футбол ассоциациясы уюштуруп, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик демөөрчүлүк кылды.

Турнир абдан курч мүнөздө өткөнүн, ардагерлер жаштарга үлгү болгонун башкы калыс Ырыскелди Мусаев “Азаттыкка” айтып берди.

- "Наристе" деп аталып, быйылкы жылы он үчүнчү жолу курч мүнөздө өтүүдө. Муну футболчулар майрамды күткөндөй эле күтөбүз. Үч чоң тайпага бөлүнүп алып, ой-да кырчылдашып жатышат. 50-60 жаштан ашкан ардагерлер жаштарга үлгү болуп, мыкты ойноп жатышат.

Биринчи тайпада 45тен жогору ардагерлер арасында финалга Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен Казакстандын “Достар” командасы чыгып, баш байгени 2:1 эсебинде “Абдыш-Ата” командасы утуп алды.

Үчүнчү орун Бишкектин “Клуб 13” ардагерлер командасына ыйгарылды.

Экинчи тайпада - жаштары 35тен жогору ардагерлер командалары мөөрөй талашты. Жыйынтыгында мыктылары иргелип, финалда Бишкектин “Налоговик” жана “Азия банк” командалары беттешти. Негизги убакытта эсеп 3:3 менен аяктап, оюндун тагдыры жекеме-жеке топ тебүү менен чечилди. Мында “Азия банк” командасына ийгилик жылоолоду. Коло байге Бишкектин “Ак жол” командасына буюрду.

Ал эми үчүнчү тайпасында жалаң мамлекет тармагында иштегендер күч сынашты. Алардан мамлекеттик Бажы кызматы менен мамлекеттик каттоо кызматы финалга чыгып, биринчи орунду бажычылар камсыз кылышты.

Бажы кызматынын командасынын өкүлү Абдылда Малдыбаев мелдеш курч мүнөздө өткөнүн айтып, командасы мыкты даярдык көргөнүн белгиледи.

Үчүнчү орунду мамлекеттик коопсуздук комитетинин командасы утуп алды.

Учурунда “Алга” командасында ойногон ардагер Мелис Кошалиевдин айтымында, учурда футзалга кызыккандар арбып, кыздар да ойноп баштады.

6 күнгө созулган “Наристе” турнири 8-январда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, байгелер тапшырылды. Бул турнир жаңы жылдан кийин футболчуларга майрамдык маанай тартуулады дешет футбол күйөрмандары.

Иса пайгамбардын туулган күнү

Иса пайгамбардын туулган күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Кыргызстанда Исанын туулган күнү белгиленүүдө

Бишкектеги борбордук чиркөө, 7-январь, 2012-жыл.

7-январда Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Исанын туулган күнүн белгилөөдө. Таң эрте Бишкектеги жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынып, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.


Кыргызстанда совет доорунан бери ислам менен православ христианчылыгы салттуу диндер катары саналып келген. Бирок эгемендик менен кошо Кыргызстанга исламдын да, христианчылыктын да башка агымдары кеңири кирди. Ошентип бул жерде конфессиялар ортосунда толеранттуулук маселеси актуалдуу болуп турат.

Исанын туулган күнүндө сыйынуу парз болгондуктан, Бишкектеги православдар таң эрте борбордук чиркөөгө келип жатышты. Алардын басымдуу бөлүгүн орто жаштагылар түздү. Түшкө чейин христиандар чиркөөлөрдө шам жагып, кудайга жалбарып, жан-дүйнөнүн тынчтыгын тилеп турушту.

Кыргызстанда 400 миңден ашуун орус, украин, беларус жарандарынын басымдуу бөлүгү православдар. Совет доорунан бери эле христианчылык Кыргызстанда исламдан кийинки эле негизги дин катары сыпатталат.

Бишкектеги борбордук чиркөөнүн диний кызматкери Афанасий эки динди тутунган жарандар арасында эч кандай пикир келишпестик жок деп эсептейт:

- Православ христиандары менен мусулмандар бири-бирине абдан толеранттуулукту көрсөтүп келишет. Чыныгы мусулман христиан адам менен эч качан чатакташкан эмес. Православ христиандары да эч качан эч ким менен карама-каршылыкка барбайт. Мусулмандар кудай бул адилеттүүлүктүн өзү дешсе, бизде кудай деген бул сүйүүнүн өзү. Сүйүү менен адилеттүүлүктүн чатакташа турган деле эч нерсеси жок.

Христианчылыктын православ багыты Кыргызстанга кеминде бир жарым кылым мурда келген. Адистердин баамында, мусулмандар менен православдардын ортосунда бири-экинчисин динин алмаштырууга мажбурлаган учурлар дээрлик болгон эмес.

Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалилов акыркы жыйырма жылда христианчылыктын башка агымдары пайда болуп, диний ынтымакка доо кетирген учурлар катталганын айтууда:

- Азыр башка бир агымдарга киргендер өздөрүн православбыз, же христианбыз деген менен алар чындыгында дин эмес, динге өздөрүн таандык деп эсептеген агым сыяктуу болгондуктан, алар терс таасирин берип турат. Бирок православ чиркөөсү менен биздин муфтияттын ортосундагы мамиле, же эки дин ортосундагы мамиле азыркы күнгө чейин өзүнүн нугунан чыга элек.

Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Баш мыйзамына дин тутуу эркиндиги киргизилген. Ошондон кийин Кыргызстанга исламдын да, христинчылыктын да ондогон агымдары орун алды. Азыр өлкөдө диндер жана диний агымдардын саны отуздан ашты. Ал эми диний уюмдардын жана мекемелердин жалпы саны 2200дүн тегерегинде.

Айрымдар диний эркиндик менен кошо экстремисттик саналган агымдар кирди деп коңгуроо кагып, диндерди тескөөгө үндөп келишет. Православдардын Владимир коомунун жетекчиси Станислав Епифанцев салттуу болуп келген ислам менен христианчылыктын православ багытына артыкчылык берүү туура деп эсептейт:

- Кыргызстандын заманбап тарыхы ар кыл маданият, дин, конфессиялардан турат. Албетте акыркы кезде өлкөдөгү диний кырдаал боюнча көп талаш-тартыштар бар. Бирок Кыргызстандын таяна турган нерсеси бар. Менин көз карашым боюнча, салттуу диндердин катарына кошо турган диндер бар. Алар албетте мусулманчылык жана православ багыты.

Бирок бул эки динге гана артыкчылык берилсе, башка динди кармангандардын укуктары тебеленет дегендер бар. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев:

- Ооба, Конституциялык нормага ылайык, алардын айткандары деле туура. Ошол эле Конституцияда элдердин биримдиги, мамлекеттердин стабилдүүлүгү деген норма бар. Анда дин маселеси абдан чоң роль ойногонун эске алышыбыз керек.

Кыргызстанда мусулмандардын Орозо жана Курман айты менен кошо православдардын Исанын туулган күнү майрамы (Иса - христиандар үчүн кудай, мусулмандар үчүн - пайгамбар) расмий майрам катары белгиленет. Ал эми, айталы, католиктер же протестанттар бул майрамды декабрда өз алдынча чиркөөлөрүндө белгилеп жүрүшөт.


Иса пайгамбардын туулган күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Фонограмма менен жандуу үндүн тиреши

Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган “Музыкалык чыгармаларды аткарууда фонограммаларды пайдаланууга чек коюу жөнүндө” мыйзам долбоору өнөр адамдарынын ортосунда кайчы пикирлерди жаратууда.

Аты-жөнүн эфирден айтпоону өтүнгөн жаш ырчы Жогорку Кеңештин фонограммага чек коюусун өнөрпоздордун укугун басмырлап, көз-көрүнө бут тосуу катары эсептейт:

- Фонограммага тыюу салуу – абсурд. Муну менен жаш ырчыларга бут тосуу, басынтуу жасалып жатат деп ойлойм.

Ал эми “оркестр адам” атыккан музыкант, Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев фонограмма менен ырдоону элди көз көрүнө алдоо катары баалап, буга чек койгон мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын айтты:

- Фонограмма деген элди алдоо болуп жатат. Бир ырды аранжировкасы менен 200-300 доллларга жаздырып алышып, аппаратурага дискти салып коюп, ошол ырды беш-он жыл ырдап жүрө беришет. Мындан угармандын да эстетикалык угуу туюму бузулат.

Курмангазы Азыкбаев белгилегендей, жандуу музыка адамдын сезимин ойготуп, жан дүйнөсүнө ырахат тартуулап, психикасына оң таасирин тийгизсе, фонограмма менен ырларды угуу радио же телевизордон уккан менен барабар болот.

“Айрым жаштар музыканы үн күчөткүч менен абдан катуу укканды жакшы көрүшкөнү менен, алардын угуу аппараты бузулуп, ден соолугуна тескери таасирин тийгизет”, - дейт таланттуу музыкант.

Ырчы Айчүрөк Иманалиева Кыргызстанда ырчылар көбөйгөнүн белгилеп, эптеп эле үнү бар жаштардын басымдуу бөлүгү фонограмма менен тез эле атак-даңкка бөлөнүп, пайда табууну көздөп калышканын айтты.

- Азыр көпчүлүк ырчы кыздар сахнаны ыйык тутуу эмес, тез эле элге таанылып, бай олигархты таап алуу үчүн, байлык топтоо үчүн далалат кылып жатышат. Биздин учурда башка болчу. Мен үчүн сахна ыйык, көрөрмандар сыйлуу. Анткени алар сенин концертиңен ырахат алып, эс алып кетиши керек. Азыр эмне үчүн кичинекей Кыргызстанда ырчылар көп? Себеби фонограмма менен ырдап, жеңил-желпи акча табууну көздөп калышты.

Курмангазы Азыкбаев Кыргызстанга фонограммага чектөө киргизүү менен эле атак-даңкка, жеңил акча табууну көздөгөндөргө бөгөт коюлбайт деген ойдо:

- Фонограммага чек коюу менен эле бул маселе чечиле калбайт. Кыргызстанда филармониянын алдында эстрадалык оркестр түзүү керек. Ошондо мыкты ырчылар өздөрү эле иргелип калат. Ошондой эле кыргыз эстрадасын өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө болот. Маданият министрлигинин алдында Көркөм кеңеш түзүп, концерттердин көркөмдүк деңгээлине, репертуарына, аткаруучулардын жөндөмүнө баа берип, профессионалдык деңгээлдеги концерттерге гана уруксат берүү жагын жолго коюу зарыл деп эсептейм.

Бул мыйзам долбоорунунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков атайын адистер менен кеңешип, фонограммага чек коюу зарылдыгы чыкканын айтты:

- Мыйзамдын негизги максаты - угуучулардын жана концертти көрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо. Экинчиден, таланттуу жарандарыбыздын, жаштардын аткаруучулук чеберчилигин же профессионалдык деңгээлин жогорулатуу. Үчүнчүдөн, музыкалык искусствону өнүктүрүү, төтүнчүдөн, нукура таланттарга жол ачуу.

Айчүрөк Иманалиева
Айчүрөк Иманалиева
Исаковдун айтымында, жарандар тарабынан акча төлөнгөн концерттерге жана бюджет тарабынан каржыланган мамлекеттик маданий иш-чаралардын жүрүшүндө фонограмманы пайдаланууга чектөө коюлат. Ал эми ачык аянттарда өткөн театрлаштырылган оюн-зооктордо, сыналгыга тартууда музыкалык фонограмманы колдонууга жол берилет. Ал ошондой эле ортозаар ырчылар компьютер аркылуу үндөрүн оңдоп, ырды жакшыртып жатканын белгиледи.

Эл депутаттары бул мыйзам долбоорун парламентте талкуулап жатканда “Ар-намыс” фракциясынан депутат Анарбек Калматов каршы чыгып, эптеп ырдаган ырчылар компьютер менен үнүн кооздоп, уккулуктуу кылып аларына ишенбестигин айткан.

- Компьютер үндү оңдоп койот деген туура эмес. Компьютер оңдобойт. Компьютер музыканы гана терет, үндү эч убакта оңдобойт.

"Бул шоу чөйрөсүн билбеген, азыркы музыкалык агымды түшүнбөгөндүн пикири" дейт ырчы Айчүрөк Иманалиева:

- Азыр сүйлөп койсоң деле нотага киргизип, компьютердин атайын музыкалык аппараты аркылуу түзөп, эң жаман ырдайт дегенди деле оңдоп-түзөп жакшы ыр кылып койот. Кыргызстанда эмне үчүн ырчылар көп? Анын баары ушул фонограммадан чыгып жатат.

Өнүккөн өлкөлөрдө, коңшу Орусия, Казакстан, Өзбекстанда да концерттерде фонограмма менен ырдоого чек коюлган. Ал эми Кытайда болсо фонограмма менен ырдагандарга 2500 доллар айып салынат экен.

Жалал-Абад: Дыйкандарды кыйнаган кыш

Жалал-Абад облусунун дыйкандары тоңуп калган жерлерин тоңдурмалай албай кыйналууда. Алар жер айдоо иштери кеч күздө, же чилде айында да болбогондуктан бул быйылкы түшүмгө таасир этет деп бушайман.

Жер тоңдурмалоонун жүрүшүнө кыштын эрте түшүп, каз тамандуу тракторлордун аздыгы да каскак болду.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу талаалардын биринде мурдагы жылдары пахта терилип бүткөн кеч күздө жер айдалып бүтүп калчу. Бирок быйыл пахта толугу менен терилип алына электе кыш эрте түшүп, жер тоңуп, техникалар менен күйүүчү майлардын кымбаттыгынан дыйкандар жерин тоңдурмалай албай кыйналууда.

Дыйкандардын бири Абдыкадыр Жамаловго караштуу 62 гектар аянттын түшүмү жыйнала электе адегенде бир ай бою жамгыр жааган. Кийин аба ырайы суук болуп, жерин айдатууга үлгүрбөй калган:



Жер тоңгонунан улам пахтачылар түшүмүн жыйнап, талааны тазалап, аларды тоңдурмалай албай калышты. Нурмамбет Токталиев эки гектар жер үлүшүн качан айдатаарын билбей, пахтанын куурайын жазында терип алууну чечкен:

- Жер айдоо үчүн тракторлор айылда жетиштүү эле. Күйүүчү май литри 39 сомдон болсо да сатылып турду. Жердин тоңгону жумшарса эле баштайлы деп турабыз. Быйыл дыйканчылыкка катаал жыл болот окшойт.

Көптөгөн механизаторлор өздөрүнүн тракторлорун талаага айдап кире албай жатышат.

Алардын бири Ырысбек Жуманов тракторун от алдырып, кечки айдоого камдап жатат. Жаңы жыл келгиче дыйкандар жерлерин кечке маал, же түнкүсүн жер жумшарганда айдатышчу.



Ноокен райондук айыл чарба департаментинин директору Турдумамбет Эшиевдин айтымында, жер тоңдурмалоочу тракторлор жетиштүү:

- Район боюнча тоңдурмалаганга 17800 гектар жер калган. Бүгүнкү күнгө айдалганы 1080 гектар. Бизде 1071 трактор бар. Алардын ичинен 738и дөңгөлөктүү. Айдоого тракторлор жетиштүү. Бирок күйүүчү майдын кымбаттыгынан, аба ырайынын кескин муздап, жер тоңгондугуна байланыштуу жерди тоңдурмалоо иши токтоп турат.

Дыйкандар “жерибизди убагында айдатып алсак жакшы болор эле” дешип, санаркоо менен күндүн жылышын күтүп турушат.

Боронов: Жер көчкү жүрүшү ыктымал 300дөй аймак бар

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткендеги иш сапары маалында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Баткенде былтыркы селден жана жер титирөөдөн жабыркаган айрым социалдык объекттер бүтпөй калган эле. Сиз ал жактардан кабар алдыңызбы?

Кубатбек Боронов: Сөзсүз. Биз эки программа менен кыдырып жатабыз. Азыр Айдаркенге келдик. Кечээ Лейлек району, Сүлүктү шаарын кыдырып чыктык. Ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүкчөлөрү менен тааныштык.

Экинчи маселе ошол былтыркы болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу эсептелет.

Кыштын күнү бүтпөй токтоп калган жумуштар менен, дегеле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес, башка мекемелердин да бул жааттагы иштери менен таанышуу үчүн келдик. Маселелер бар экен. Анын баарын тактап, кудай буйруса ошол иштерди аягына чыгаруу боюнча аракет көрөбүз.

“Азаттык”: Аймактагы куткаруу топтору, өрт коопсуздугу агенттигинин ишинен кабар алдыңызбы? Алардын шаймандары шай бекен?

Кубатбек Боронов: Бардыгы толук, жыргап кеттик дегенден алысмын. Албетте жетишпегендиктер бар. Техникалык жактан жабдуу боюнча кемчиликтер бар. Эскилиги жеткен техниканы жаңылоо керек.

Азыр өрт коопсуздугу боюнча кызматтын куткаруу тобу менен таанышып, областты кыдырып жатабыз. Тоо-кен шахталарындагы куткаруу кызматынын абалы менен таанышып жатабыз. Кадамжайдагы шахтага да барабыз.
Жаз келсе, күн тез ысып кетиши мүмкүн. Ошол убакта сел коркунучу жогорулайт.

“Азаттык”: Сиз ушул жолугушууларда кырсык болгондон кийин анын кесепети менен күрөшүп тим болбостон, кырсыкты алдын алуу боюнча аракеттер жасалышы керек деп белгилепсиз. Мисалы, бул жаатта эмнелерге көңүл бурулушу керек? Айрым учурларда сел жүргөндө, же дагы башка кырсыктар болгондо, айыл тургундары арыгын тазалабай койгондон, же дагы башка алдын алуу чараларын көрбөй койгондон улам болот дешет.

Кубатбек Боронов: Негизинен элдин шалаакылыгынан чыккан сел кырсыктары бар. Арык тазаланбай калат, же болбосо аккан суулардын жолу тосулбай калат. Алдын алуу чаралары боюнча биз техникаларыбызды кооптуу деген жерлерге жакындатып коюу жагын ойлонуп жатабыз. Мисалы, Лейлекте сел жүрүп кетсе, Баткенден техниканы алып баруу үчүн убакыт кетет. Ошон үчүн техникаларыбызды топтоп, убакытты үнөмдөп алып баруу жагын карап жатабыз.

“Азаттык”: Жалпы Кыргызстан боюнча кырдаалды айтып бересизби? Адатта жаздын келиши менен ар кандай табигый кырсыктар башталат эмеспи.

Кубатбек Боронов: Быйылкы кыш катаал болду. Былтыркыга салыштырмалуу кар көбүрөөк жаады. Жаз эрте келет деген да божомол бар. Жаз келсе, күн тез ысып кетиши мүмкүн. Ошол убакта сел коркунучу жогорулайт. Аларды алдын алуу үчүн биз Кыргызстан боюнча кырсыктарды алдын алуу пландарын даярдап жатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстандын аймагында жер көчкү жүрчү бир топ опурталдуу аймактар бар экени маалым. Ошол аймактардагы тургундар көчүрүлүшү керек деп айтылат. Мындай иштер улантылабы?

Кубатбек Боронов: Кыргызстанда 300дөн ашуун кооптуу, жер көчкү жүрүп кетиши мүмкүн деген жер бар. Бизде мониторинг департаментинин адистери көзөмөл жүргүзүп турат. Ал жерлерге приборлорун коюшуп, ар дайым байкап турушат. Бирок ал жерде жашаган элдин баарын көчүрүүгө каражат талап кылынат. Алардын баарын көчүрүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок.

“Азаттык”: Рахмат.

Өкмөт бизнести көмүскөдөн чыгарууну көздөөдө

2012-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы өкмөтү ишканаларды жөнү жок текшерүүгө бөгөт коюуну көздөөдө. Бирок ишкерлер бул демилгелер сөз бойдон калбайбы деп чочулап жатышат.

Кыргызстанда буга чейинки өкмөттөр да текшерүүнү азайтып, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетебиз дегени менен, экономиканын 50 пайызы көмүскөдөн чыкпай келет.

Шамшаркыт текшерүү азаят

Кыргызстандын жаңы өкмөтү ишкерлерге салынган каамытты алабыз деп жатат. Мындайча айтканда, жакын арада бизнести текшерүүлөрдүн саны кыйла азайганы турат.

Экономика жана антимонополдук саясат боюнча министр Темир Сариев бул багытта өкмөттө токтом долбоору даярдалып жатканын “Азаттыкка” кабарлады:

- Биринчиден, биз Салык кызматы жана башка текшерүүчү органдарды чектөө боюнча атайын өкмөттүн токтомун даярдап, талкуулап, иш аптасы башталганда бул кабыл алынат деп ойлойм.

Экинчиден, мамлекеттик аябай көп уюмдар, 13төн ашык инспекциялар бар болчу. Булардын баары тең жаңы өкмөттүн түзүмү боюнча аябай кыскартылып жатат. Эки эле инспекция болот. Бирөө техникалык көзөмөл инспекциясы, экинчиси адамдардын коопсуздугу боюнча ветеринардык-санитардык инспекция.


Салык кызматы январдан тарта ишкерлердин канчалык ишенимдүү экенин иликтөөгө алмакчы. Ишенимге толук кирген ишкерлер беш жылда бир жолу гана текшерүүдөн өтсө, орто ишенимдеги ишканалар үч жылда бир жолу, ишеними күмөн жараткандар бир жылда бир жолу текшерилет.

Бир ишкер же ишкананын ишеним деңгээли салыкты убагында төлөп, киреше булагы жөнүндө туура маалымат берип турганына жараша бааланмакчы.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун билдиришинче, ар бир ишкердин ишенимдүү экенин атайын автоматташтырылган система аныктайт:

- Мисалы, Кыргызстанда канча салык төлөөчү болсо, аларды атайын системага киргизебиз. Анын негизинде программа өзү аныктайт. Жылдык отчетторду кандай бергенин, белгиленген тарифти кандай төлөгөнүн компьютер өзү чыгарат.

Ишкерлерге түзүлгөн шарт боюнча Кыргызстандын дүйнөдөгү кадыры көңүл жылытарлык эмес. Маселен, 2011-жылы Дүйнөлүк банктын “Doing Business” рейтингинде Кыргызстан 70-орунду алып, үч баскычка артка жылды. Кыргызстандын буга чейинки өкмөттөрү да бизнеске эркиндик шарттарын кеңейтебиз дегени менен натыйжа көрүнбөй келет. Бул болсо, министр Темир Сариев айтмакчы, экономиканын 50 пайыздайы дале көмүскөдө экендигинен билинет:

- Ачыгын айтыш керек. Бизде эксперттердин баамында, 50 пайыздан ашыгы көмүскө экономикада болуп жатат. Мен айтып кетейин, бизде 300 миңге жакын катталган ишкер бар. Бирок 550 гана мекеме 70 пайыздан өйдө салыктын кирешесин камсыз кылып берет. Калгандарынын баары тең көп учурда көмүскө экономикада болуп жатат.

Ишкер дагы эле күмөн

Жаңы өкмөт көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу ниетин билдиргени менен, ишкерлердин көбү бул демилгеге ишенбей карап турушат.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Иса буга чейинки аракеттерден майнап чыкпагандан кийин ишеним кетип калганын айтууда:

- Бул демилгелерди колдойм. Бирок бул аягына чейин чыгабы белгисиз. Анткени бизде 20 жылдан бери реформа деп жүрүшөт. Аягына чейин эч нерсени чыгарбайт. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн. Лицензиялар, уруксат кагаздары коррупциянын булагы болуп жатпайбы. Лицензияны алып салса, коррупциялык схеманы колдонбой, пайда таппай калышат. Ошондуктан аягына чейин чыгары кыйын.

Ал эми Бишкек ишкерлер клубунун төрагасы Эрмек Ниязов жаңы өкмөткө аз да болсо үмүт артып турушканын белгиледи:

- Биздин өкмөткө талабыбыз - ишкерлерге таптакыр эле тийишпеш керек. Ишкерлер өздөрү билет. Өкмөт бүт уруксат кагаздарын азайтышы керек. Алар азайтабыз деп айтышты. Азыр деле бир нече лицензия бар. Аларды көзүбүз менен көрүп, алар документ чыгаргандан кийин ишенебиз. Азыр ишеним кичине эле.

Кыргызстанда бизнестин эркин, атаандаштык негизде иштешине мыйзамдык негиздер түзүлгөн. Бирок иш жүзүндө буга чейин фискалдык органдар жана криминал тарабынан кысымга дуушар болуп келген. Анын артынан көп сандаган бизнес адамдары көмүскөдө иш жүргүзөт. Айрым божомолдор боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү бюджеттин жарымына жетип барат.

Жаңы өкмөт болсо салыкты төлөп, ачыкка чыгып иштегиле, артыкбаш текшерүүлөргө бөгөт коёбуз деп сөз берди. Эми ишкерлер салыкты төлөп, бейгам уктаар бекен?

Мырзаибраимов: Диний эркиндикти туура колдонолу

Кыргызстанда акыркы учурда пайда болуп жаткан жаңы диний агымдар өлкө коопсуздугуна канчалык коркунуч туудурат, алардын көздөгөн максаты эмне? Теология илимдеринин доктору, саясий илимдердин кандидаты Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” маек курду.

- Акыркы учурда Кыргызстанда салафи, ахмадия, нурчулук, сулеймания өңдүү көптөгөн диний агымдар пайда болгону тууралуу айтылып жатат. Алар эмне болгон агымдар? Булардын максаты эмне?

- Жогоруда атап өткөн агымдарды атайын өзүнүн категориясына жараша бөлүп карашыбыз зарыл. Негизинен агымдар ислам адабиятында ишеничке таянган жана укуктук, жашоо-турмушка таянган агымдар болуп экиге бөлүнөт.

Бул агымдардын ичинен салафи аттуу агым Египеттен чыккан жана ал исламдын негизги булактарын ачыктап, ошонун жашоодогу өзгөчөлүктөрүн гана түшүндүрөт. Ал эми "нурчулар" ишенимге байланыштуу агымдарды таанып билүү менен, аны белгилүү аймакта, белгилүү бир аалымдын көз карашынын негизинде колдонуу, таратуу ыкмасы катары гана каралат.

Булар Кыргызстандын коопсуздугуна кандай таасир тийгизет? Бул суроого азыркы учурда объективдүү баа берүү өтө кыйын. Себеби саясий кырдаалдын негизинде гана аныкталып келе жатат. Бирок булардын жактоочулары Кыргызстанда бар экени чындык.

- Дегеле ушул салафия, ахмадия, нурчулук, сулеймания сыяктуу агымдардын көздөгөн максаты эмне?

- Кандай гана агым, же диний аракет болбосун аны эки багыттан карашыбыз зарыл. Биринчиси, алардын максаты, экинчиси, максатка жетүү үчүн колдонгон ыкмасы.

Кандай гана агым болбосун ал таянган принциптер исламга туура келбейт деп айтуу кыйын. Себеби ал агымдар исламдын эрежелеринен кандайдыр бир баалуулуктарды өздөрүнө энчилеп алышат. Ошол эле учурда туура максат үчүн туура эмес ыкма колдонуп алган агымдар да жок эмес. Мисалы, агымдарды жайылтуу жолунда маданий жолду тандабай, консервативдүү ыкмаларды колдонгон агымдар да бар.

Муну менен катар максатында туура эмес саясат болгон, бирок жайылтуу ыкмаларын ушунчалык акылдуулук менен ойлонуштурганынан улам аларды коомчулук коопсуз санаган агымдар да бар.

- Мындай диний агымдардын активдешинин себеби эмнеде? Айрымдар Казакстанда кысымга алынган диний агымдар Кыргызстанга кирип жатат деп айтып жатышат.

- Диний агымдардын активдешинин алгачкы себеби өлкөбүздө дин эркиндиги деп, ар кандай агымдарга динди өз алдынча түшүндүүгө шарт түзүп берип койгонбуз. Ошол эле мезгилде аны көзөмөлдөө параллелдүү түрдө жүргүзүлбөй келет. Мындан улам бизде коомдук кубулуш катары ар ким каалагандай динге ишенүү көбөйүп кеткен.

- Кыргызстанды диний жактан эркин өлкө катары сыпаттап жүрөбүз. Сиздин пикириңизде бул жакшыбы, же жаманбы?

- Эркиндик десе эле баарынын башын бош коюп, каалаганын жасай берүү дегенди түшүндүрбөйт. Кыргызстанда азыр эркиндик сөз жүзүндө болгону менен, аны конкреттүү түрдө кайсы бир идеяга, багытка, үмүткө жараша жөндөштүрүүнү колго ала албай жатабыз. Муну "көзөмөлдөн чыккан эркиндик" деп атасак болчудай. Мунун бизге пайдасынан да коркунучу көп.

- Казакстанда жардыруулар дал ушундай диний агымдар тарабынан жасалганы айтылды. Мындай кырдаалдын Кыргызстанга ооп кетүү ыктымалдуулугу канчалык?

Биз бардык эле агымдарды экстремисттик же коркунучтуу катары санап, басымга ала берип, тынч максатты көздөгөн диний агымдарды да душманга айландырышыбыз толук мүмкүн.

- Бул сымал коркунучтар азыр деле бар экенин айтып койсок болот. Тек гана кыргыз коомунун экстремисттерге каршы басмырлоосу анчалык эмес, мындан улам алардын аракети анчалык байкалбай жатат. Биздин мамилебизге жараша алардын жообу басаңдап же күчөшү мүмкүн.

- Диний агымдары ооздуктоо же аларды тартипке келтирип, жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек? Айрымдар Кыргызстанда жаңы диний агымдар менен салттуу диндерди ажыраткан мыйзам жазууну сунуштап жатышат.

- Бизде мындай мыйзам жазуу менен муну жөнгө салуу маселени бир жагынан гана чечип, толугу менен чече албайт. Себеби ошол мыйзамды кабыл алууга коом даяр эмес. Ошондуктан мен бул көйгөйдүн түйүнүн чечүүдө эки жолду көрүп жатам. Биринчиси, экстремисттик кыймылдарды тиешелүү органдар алдын-алышы керек. Болбосо, учурда кайсы бир деңгээлде өз иш аракетин жүргүзүп жатат.

Экинчиден, ошол экстремисттик кыймылдардын өз иш аракетин легитимдүү катары жүргүзүүгө ыңгайлуу учурларды жаратпаш керек. Башкача айтканда мамлекет менен мусулман коомун жакындаштырып, экстремисттик коом менен катардагы мусулманды бирдей деңгээлде көрбөшүбүз керек.

Биз бардык эле агымдарды экстремисттик же коркунучтуу катары санап, басымга ала берип, тынч максатты көздөгөн диний агымдарды да душманга айландырышыбыз толук мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG