Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:43

Кыргызстан

Чагым салган жазуулар кыжаалат кылууда

Чагымчыл жазуулар шаардын чок ортосундагы Навои паркына коюлган учактын бооруна да жазылган.

Ош шаарынын айрым жерлеринде улуттук кастыкты козуткан жазуулар пайда болушу шаар калкын кыжаалат кылууда.

Мындай жазууларды Черёмушки кичирайонундагы дубалдарга, өзбек улуттук Бабур драма театрына жана Навои паркындагы учакка калтырышкан. Күч органдары муну бейбаштар уюштурушу мүмкүн деп болжоп, иликтөөгө алгандыгын кабарлашты.


Бейбаштардын кылганыбы?


Оштогу «Адам укуктары боюнча эдвокаси борборунун» юристи Нурбек Исмаилов улуттар аралык кастыкты козуткан жазууларды шаар калкы менен жолугуп жатып кезиктиргенин ортого салды:

- Бул боюнча бизге Черёмушки кичирайонундагы эл менен жолугуп жатканыбызды айтышты. Алар шаар боюнча үч жерде жазылып турат дешти. Ошол эле кичирайондогу аскер бөлүкчөсүнүн дубалдарына, анан Бабур өзбек драма театрынын дубалдарына жана СМУТТда бир жарандын эле үйүнүн дубалдарына жазып кетишкен. Ал жерден түздөн-түз эле улуттук маселени козгогон, башкача айтканда, «Сарттарга өлүм!» деп турат.

Исмаиловдун айтымында, бул окуя кандуу окуяларды эстен чыгарып бараткан элди кайрадан чочулоого алып келүүдө:

- Негизи элдин кооптонуусу күчөп кетти. Анын үстүнө Черёмушки кичирайонунда бир кылка улуттун өкүлдөрү, башкача айтканда жалаң өзбектер жашайт. Алар үчүн бул нерсе 2010-жылкы окуяны эске салгандай болуп жатат. Эми муну ким жазганы белгисиз го, бирок менимче, көчөдөгү эле бир жаш балдар же, ичип алган бирөөлөр жазышы мүмкүн.

Тургундардын белгилешинче, жазуулар борбордук базарда жана Навои паркындагы учактын бетинде да пайда болгон.

Черёмушки кичирайонунун жашоочусу Салижан бул ишти кайсы бир күчтөр тарабынан атайылап уюштурулуп жаткан чагым деп эсептейт:

- Сарттарга, же мындайча айтканда өзбектерге өлүм деп жазылган жазууну жөнөкөй эле бир жаш балдар жазып койду дегенге кошулбайм. Муну бирөөлөр атайын чагым кылгысы келип жасап жатат. Бул эми араң жашап жаткан элди кайра дүрбөлөңгө, кыжаалатка салууда. Алдын ала минтип коркутуп жаткандан кийин эми бир күн бирөө жарым үйгө кирип келбейт деп ким кепилдик бере алат? Ансыз да эшик-эликтин баары ачык турат. Кечкисин ээн-эркин сыртка чыгыштан кооптонобуз, балдарды күндүзү ойнотуштан коркобуз. Кыскасы элге кыйын эле болду.


Милиция иликтеп баштады


Ал эми күч органдары элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда. Шаардык ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Замир Сыдыков улут аралык кастыкты козгогон жазуулар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

- Дубалдарга ар кандай сөздөрдү жазып, улуттар аралык кастыкты козгоо боюнча эки факты катталган. Азыр факт боюнча кылмыш иши козголуп, улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Муну эми бир бейбаш немелер эле уюштурушу мүмкүн деп болжоп жатабыз. Ошол себептүү мындан саясат кылып, кооптонууга негиз жок. Учурда абал тынч, баардык кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө.

Ошол эле кезде чагымчыл жазуулар пайда болушун Ош шаардык кеңешине болчу шайлоо менен да байланыштыргандар бар. Болбосо аймактагы кырдаалдын туруктуулугун каалабаган топтордун кайрадан баш көтөрө баштагандыгынын белгиси дешет серепчилер.

Тополоң чыккан абактагы абал дале кооптуу

Абактагылардын жакындары дароо түрмөнүн жанына чогулуду. Бишкек, 16-январь.

Укук коргоочулар Бишкектеги №1 тергөө абагындагы башаламандык жөнгө салынганы менен кооптуу кырдаал дале сакталып турганын айтууда.

16-январда эртең менен бул абак жайда тополоң чыккан. Ага абакта барктуу саналган эки соттолуучуну башка жакка которуу үчүн барган атайын бөлүктүн кызматкерлери менен камактагылардын тирешүүсү себеп болгон. Таяк жеген түрмөдөгүлөр өз төшөнчүлөрүн өрттөп, айрымдары кан тамырларын кескен. Алардын тергөө абагына чогулган жакындары күч менен таркатылып, айрымдары коомдук тартипти бузду деп, Октябрь райондук милициясына жеткирилген.


Чатак эмнеден чыкты?


Жазаларды өтөө кызматы №1 тергөө абагында 16-январда орун алган тополоң кечке маал тынчыганын кабарлады. Аталган тергөө абагындагы абал жөнгө салынып, камактагылар кечки тамагын ичишти.

Тергөө абагында тополоң чыгышынын себеби тууралуу эки ача маалымат айтылууда. Жазаларды өтөө кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Табылды Исаевдин айтымында, жыл сайын өткөрүлгөн абактардагы тинтүү иштеринин жүрүшүндө айрым камактагылар кызматкерлерге каршылык көрсөткөн:

- Соттолуучуларды биз камерасынан чыгарып, текшерип жаткан учурда алар чыкпай керебеттердеги төшөнчүлөрдү өрттөдү. Чыгышкан жок. Биз алар өлүп калбасын деп чыгарганга аракет жасадык, болушкан жок. Дарыгерлерди киргизүүгө аракет кылдык. Аларды киргизбей коюшту. Бизге кол сала баштады. Төрт кызматкерибиздин бетине кайнак суу чачып, жарадар кылды. Экөөнү сабашты.

Тергөө абагына кирип чыккан акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, абактагылардын арасында барктуу саналган эки кишини башка жерге которуу чечими нааразычылыктарды жараткан. Абактын жетекчилиги тополоңду басуу максатында милициянын атайын бөлүгүн киргизип, күч колдонгон. Ага нааразы болгон камактагылар өз төшөнчүлөрүн өрттөй башташкан. Акундун айтымында, абактын ичинде уруп-согуулардан жабыркагандар арбын:

- Жабыр тарткан адамдар көп, мурду сынгандарды, буту сынып жаткандарды көрдүм. Бети-башы кан болгондорду көрдүм. Жабыркагандар көп. Бирок эң негизгиси - абалды тынчыттык.

Бул арада тополоңдо мерт болгондор бар деген маалымат тарады. Бирок мындай маалыматты Жаза өтөө кызматы да, акыйкатчы да төгүндөдү.


Митингчилер күчтөп таратылды


Окуяны уккан №1 тергөө абагындагылардын жакындары дароо чогулушуп, абалды түшүндүрүүнү түрмө жетекчилигинен талап кылышты. Абактын айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Митингге чыккандар бул курчоону жарып өтүүгө бир нече жолу аракет кылышты.

Баласы камакта отурган Олег Гончeров уулунан уккандары боюнча абактын ичиндеги абалды төмөнкүчө айтып берди:

- Тергөө абагында башаламандык болуп жатыптыр. Бизге жеткен маалымат боюнча, эртең менен милициянын атайын бөлүгү, абактагыларды ур-токмокко ала баштаган экен. Азыр болсо, ошол эле түтүн чыгаруучу каражаттарды абактын ичине ыргытып жатыптыр. Абактын ичиндегилер думугуп жатышат. Эртээрек бир чара көрүш керек. Абактын башчысын чакыруу керек, аны менен байланышканга аракет кылып атабыз, бирок бизге эч ким чыккан жок. Эч кимди эч жакка өткөрбөй жатышат. Бул эмне деген мамлекет?!

Милициянын атайын бөлүктөрү камактагылардын нааразылык билдирип, акцияга чыккан туугандарын күч колдонуп таратышты.

Окуяга күбө болгон Махинур Ниязова милиция мындай кадамы менен окуянын ырбашына жол ачты деп эсептейт:

- Камактагылардын элүү чакты жакындары тергөө абагынын жанында туруп кыйкырып жатышкан. Бирок аларды милиция алыстатууга аракет кылды. Бирок мындай аракеттен жыйынтык чыкпаган соң милиция кысып келип, эки автобуска сала баштады. Ушул учурда милиция күч колдонуп, айрымдарын уруп-согуп жатканын көрдүм. Дал ушул учурда абактын короосунан бир нерсе жарылганга окшогон үн чыгып, камактагылардын “жардам бергиле” деп кыйкырып жатканы угулуп турду.

Коомчулук абактагылардын жакындарынын мындай орой мамилеге тушугушун ар түрдүүчө жоруп жатат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, Жаза өткөрүү кызматынын маалыматты жашырып жабууга болгон аракети, милициянын митингге чыккандарды кууп таратышы көптөгөн күмөн ойлорго жол ачууда:

- Бул жерде бир нерсени жашырып жаткандай жыйынтыкка келип жатабыз. Эгер чындыгында эле мерт болгондор жок болсо, ачык эле айтып коюшса болмок. Баарын кууп таратып, ал жерде баарын тазалап туруп, бир нерселерди кылганы жатабы деп ойлоп жатам.

Буга чейин күч менен таркатылган митингичилердин айрымдары коомдук тартипти бузду деп Октябрь райондук сотуна жеткирилгени кабарланган. Аларга кандай чаралар колдонулганы тууралуу макала даярдалып жаткан учурда расмий маалымат таратылган жок.


№1 абактагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Эй, Түркия, кандаш элим...

Президент Атамбаев Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда. Стамбул, 15-январь, 2012.

Түркияда кыргызстандык жүздөгөн студенттер окуп, миңдеген мигранттар ар кандай жумуштарда иштешет.

Студенттер учак белетинин кымбаттыгынан мекенине келип-кетүүдө кыйналып жатканына даттанса, укугу басмырланган, иши ордунан жылбаган мигранттар да арбын.


Качан арзаныраак учабыз?


Түркияда кыргызстандык миңдей студент билим алат. Алардын тигил же бул адистик боюнча алган дипломдорунун баары эле Кыргызстанда жарай бербейт. Бул студенттердин негизги көйгөйлөрүнүн бири.

Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү Зайырбек Малашев муну тастыктады:

- Негизги көйгөй дипломдорду таануу маселеси болууда. Кыргызстандын Улуттук аттестациялык комиссиясы бул жактагы кесиптештери менен сүйлөшүп жатышат деп уктук.

Студенттерди кыйнаган дагы бир маселе – жол киренин кымбаттыгы. Гүлназ Исакова Анкара шаарындагы Гази Университетинин акыркы курсунда окуйт. Ал мекенине эки жылдан бери келе элек:

- Жол кире, учак белетинин кымбаттыгын айтып тил тешилди. Бул маселени чечебиз деп канча жылдан бери айтып келатышат. Кыргызстанга барып келгенибиз жеңилдейт эле деп ошону күтүп жатабыз.

Түркияда окуп жаткан студенттер жана ал жакта иштеген жарандар учак маселесин Алмазбек Атамбаевдин 12-15-январда бул өлкөгө жасаган сапары учурунда да көтөрүштү. Алардын айтымында, каттам баасы Кыргызстан менен Түркияга караганда Казакстан менен Түркиянын ортосунда кыйла арзан. Атамбаев Стамбул жолугушуусунда кыргызстандыктарды “Түрк аба жолдоруна” атаандаш боло тургандай биргелешкен компания түзүү аркылуу бааны арзандатуу аракети болуп жатканын белгиледи:

- Биз бааны каалаганындай коюп жаткан “Түрк аба жолдору” компаниясына атаандаш боло тургандай кыргыз-түрк биргелешкен компаниясын түзөлү деп жатабыз.


Кыргыздар Москвадан Стамбулга агылууда


Түркиядагы кыргыз диспорасынын өкүлү, Стамбул шаарында жашаган Нурланбек Карыпбек уулу Анадолу жеринде кыргыз мигранттарынын арасында алданып калгандар, ойдогудай иш таба албай чайналып жүргөндөр, аянычтуу тагдырга туш келгендер да жок эмес экенин кеп салды:

- Стамбулга бала багабыз деп келишет. Бала бакканга бул жакта 200-300 доллар төлөшөт. Мындан тышкары, соода борборлоруна иштейбиз деп келишет. Бирок аларды аларды фабрикалардагы эң оор деген жумуштарга чегеришет. Маяналарын айдын аягында беребиз деп, бирок эки-үч айдан кийин кууп жибергендер да көп болот. Ошондой эле машина уруп кеткендер да бар. Түркия гезиттери “сойкулук кылган, сатылып жаткан кыргыз кызы колго түштү” деп жазышканда бет кызарат.

Ошого карабай акыркы кездери кыргыз мигранттары Орусиядан эми Түркияга агыла баштады. Анын себебин Нурланбек Карыпбек уулу мындайча ажыратты:

- Былтыр Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы визаны алып салат дегенден кийин мигранттар Түркияга каптап кирди. Бирок Түркияда иштөө абдан оор, мыйзамдар да катаал. Иш визасын алышка бир жыл убакыт керек.

Учурда Кыргызстандын жарандары Түркияда бир айга чейин визасыз жүрө алат. Ал эми Түркия менен Кыргызстан толук бойдон визасыз каттоо режимин бир жылдан бери көтөрүп, бирок чечиле элек.

Алмазбек Атамбаев Стамбулдагы жолугушууда кыргызстандык мигранттарга квота берүү, алардын Түркияда иштөөсүн жеңилдетүү боюнча түрк бийликтери менен сүйлөшкөнүн маалымдады.

- Илгери биздин аталар виза сыяктуу документтери жок эле Изник жана башка жерлерге келди эле, азыр эми жок дегенде квота бергиле деп ачык эле айттым. Аны да ойлонобуз дешти. Анткени, бул жакка көп киши келип, иштей албай айдалып кетип жатат. Бул маселени баштадык, эми аягына чыгарабыз.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анталия жана Измир шаарларында. Ошол эле кезде Түркияда иштеп, ийгилик жараткан кыргызстандыктар да жок эмес. Алар тууралуу өзүнчө сөз кылабыз.

Улуттук кастыкты козутчу очоктор көбөйүүдө

Лейлектин Андарак айылында 29-декабрда чыккан чатакты милиция учурунда токтотуп калууга жетишти.

Кыргызстанда этностук кастыкка түрткү болчу чыр-чатактардын жүздөн ашуун очогу бар экени айтылууда.

Бул тууралуу билдирген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атаханов алардын ичинен жыйырма тогузу шашылыш түрдө жөнгө салууну талап кыла тургандыгына басым жасады. Парламент комитетинин отурумунда этностук тирешүү орун алган акыркы окуялардын курчушуна жергиликтүү бийлик башчыларынын жоопкерсиз мамилеси себеп болгондугу айтылды.


Жергиликтүү бийликтин кайдыгерлиги

Баткен облусунун губернатору Бурканов жоопкерчиликсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин облустук башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес.Шамил Атаханов

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинде Чүй облусунун Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылдарында катары менен орун алган окуялардын себептери боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери маалымат беришти. Өспүрүмдөрдүң чатактарынан улут аралык тирешүүгө алып келген ал окуялардын чыгышына бийликтин кайдыгерлиги негизги себеп болгондугу айтылды.

Ошондой эле атайын кызматтын жетекчиси Шамил Атаханов жергиликтүү бийлик башчыларынын курч кырдаалдарда чечим кабыл алууда мажирөөлүгүнө:

- Баткен облус губернатору Бурканов жоопкерсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес. Бурканов бул окуяга карата тиешелүү чараларды көрмөк турсун, жалпы эле көйгөйлөрдү чечүүдөн алыс жетекчи экендигин көрсөттү. Лейлектин акими да аталган окуяга өз учурунда баа берип, ыкчам чара көрө алган жок. Окуя укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен гана жөнгө салынды.

Биздин укук коргоо органдарынын жетекчилери бул маселени үстүртөн сыйпалап карап, ал туурасында ачык сүйлөгөндөн коркушат. Анан барып мына ушуга окшгон окуялар чыгып кеткенден кийин гана талкууга алып калып жатабыз. Жоомарт Сапарбаев

Бул маселе боюнча Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитети өз токтомунда аталган окуяларга кайдыгер караган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Этностук негизде жапырт мушташка алып келген аталган үч окуянын тең себептери жаштар ортосундагы карама-каршылыктан чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев бийлик этностук карама-каршылыкка негиз берген окуянын чыныгы себептерин ачыктап, жөнгө салуудан чочулап келген деп эсептейт:

- Укук коргоо органдарынын жетекчилери бул маселени үстүртөн карап, ал туурасында ачык сүйлөгөндөн коркушат. Анан барып мына ушуга окшогон окуялар чыгып кеткенден кийин гана талкуулап калып жатабыз. Экинчи бир себеп – улуттар аралык мамиле жана тирешти жөнгө салуу багытында толук иликтенип, иштелип чыккан мамлекеттик концепциянын жоктугунда. Андарактагы же Жаңы-Жердеги окуяны алсак, чыныгы себептери такыр башкада. Биз мына ошол карама-каршылык жаратып жаткан жагдайларды жашырбастан, аны чечүүнүн жолдорун издесек маселени чечүү бир аз болсо да жеңилдемек. Биринчи дарт аныкталганда гана аны дарылоонун жолу табылат.


“Көшөгөгө катылган” көйгөйлөр

Жаш балдар эки тарап болуп алып урушуп кеткендиги бул жанагы чыга албай турган көз эле – чыгып кетти өзү эле дегендей эле нерсе. Окуянын чыныгы себептери тереңде... Бакыт Алымбеков
Жыйында социалдык теңсиздиктен улам келип чыккан басмырлоолор аягы барып, улуттук мүнөздөгү тирешүүгө жеткирип жатканы да айтылды. Буга учурунда жер-суу ресурстарынын акыйкат бөлүнбөй калгандыгы жана аларды кайра бөлүштүрүүгө умтулган экинчи бир тараптын көксөөсү себеп болуп жаткан экен.

Ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков этностук тирештердин анык себептери аныкталганда гана карама-каршылыктарды жөнгө салууга болоорун эске салды:

- Жаш балдар эки тарап болуп алышып урушуп кеткендиги бул "чыга албай турган көз эле – чыгып кетти өзү эле" дегендей эле нерсе. Ал эми окуянын чыныгы себептери тереңде. Бул мына ошол аймактардагы социалдык-экономикалык маселелер чечилбей, акыры толуп-ташып жаткандыгынан кабар берет. Жер талашпы, же суу талашпы – мына ошонун бардыгы учурунда туура чечилгенде мындай көйгөйлөр чыкмак эмес. Кээде жөн эле чарбалык маселе курчуп отуруп, улуттук тирешке айланган учурлар бар.

Баткендин Андарак айылындагы этнос аралык кагылышты тутандырууга жасалган аракет боюнча он адамга иш козголгон. Ал эми Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы окуяга байланыштуу беш адам кармалган.

Парламент комитетинин жыйынын соңунда этностук араздашууларга өбөлгө болгон жагдайларды жөнгө салуу боюнча шашылыш сунуштарды иштеп чыгуу жагы өкмөткө тапшырылды.


Сүрөтбаян: Андарактагы чатактан кийин, 30-декабрь, 2011

Гүлжигит - “Евразия жылдызы”

Гүлжигит - “Евразия жылдызы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

Гүлжигит - “Евразия жылдызы”

Гүлжигит Калыков баш байгени ыйгаруу учурунда. Стамбул, 14-январь, 2012.

Кыргызстандык жаш ырчы Гүлжигит Калыков Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык сынагында баш байгени утуп алды.

Түрк тилдүү алты мамлекеттин таланттары катышкан сынакта Гүлжигит Калыков обончу Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” аттуу чыгармасын аткарып, калыстардын жогорку баасын алды. Эми кыргызстандык ыр күйөрмандары Гүлжигитти тосуп алууга катуу камынууда.


Гүлжигит - forever!


14-январь түнү кыргызстандык жаштардын көпчүлүгү уктадабы көрүнөт. Коомдук телеканал аркылуу түз ободо көрсөтүлгөн “Евразия жылдызы” музыкалык сынагы түнкү саат үчкө чейин созулуп, смс аркылуу добуш берүүнүн натыйжасында Кыргызстандан барган ырчы Гүлжигит Калыков баш байгени утуп алды. Гүлжигитке сынактын уюштуруучулары 30 миң доллар акчалай сыйлык да ыйгарышты. Азербейжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түркмөнстан жана Түркиянын таланттары ат салышкан бул музыкалык сынак эмки жылы Кыргызстанда өтмөй болду.

Белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да сынак болгон күнү түз эфирде кыргызстандык жаш ырчыны колдоп сүрөп турду. Ал Гүлжигитке мындай баасын берди:

- Тембри дагы, ырдоо техникасы да мыкты болду. Таланттуу жигит экен. “Евразия жылдызы” канчалык деңгээлдеги мактана турган сынак деп сурап жатасыз, бул акырындык менен “Евровидение” сыяктуу эле сынака айланат. Эмки жылы Кыргызстанда өтөт, уят болбой, чоң деңгээлде өткөрүп алсак деген тилегим бар.


Ыңкылапчы ырчылардын доору...


2005-жылдары кыргыз эстрадасында да чоң ыңкылап болгон. Сахнада жаш муундун өзүнчө тобу пайда болуп, алардын жеке концерттери аншлаг менен өтүп турду. Бирок музыка таануучулар чагылгандай тез пайда болгон жаштарды жеңил-желпи, музыкалык билимсиз жана сахнадагы “утурумдук жылдыздар” деп катуу сынга алышты.

Жаш ырчылар жергиликтүү сахнаны багындырып, өзгөчө казак ырларын которуп ырдап, ондогон клипмейкерлер пайда болду. Бирок эл аралык абройлуу музыкалык сынактарга катышкандар болгон жок. Өмүрбек Жанышов гана (Омар) орусиялык атактуу ырчы Алла Пугачеванын колунан “Алланын алтын жылдызы” сыйлыгын Юрмалада алган.

Кыргыз эстрадасынын "акуласы" аталган Мирбек Атабеков “Евразия жылдызы” атыккан Гүлжигит тууралуу мындай деди:

- Кыргызстанда ырчыларды экиге бөлүп карасак болот. Таланттуулар, анан талант кошуу эмгекчилдер. Гүлжигитти мен экинчи сөзүмө кошом. Килейген мамлекеттерди артка калтырды, абдан кубанып турам. Ал өзү музыкасыз жашай албай турган бала.

Жалпы коомчулукка анча таанымал эмес ырчы Гүлжигит Калыков заматта жылдызга айланып, миңдеген күйөрмандары пайда болду. Интернеттеги Фейсбук же Твиттер сыяктуу жаштар жапырт отурган сайттарга үңүлсөңүз, Гүлжигит деп ураалаган, куттуктоолорго толуп кеткенин байкайсыз.

TRT- Avaz телеканалынын түз обосунан алынган тасма

Гүлжигит - “Евразия жылдызы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

№1 абактагы тополоң

№1 абактагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Бишкектеги тергөө абагында тополоң чыкты

№1 абактагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Бүгүн эртең менен №1 тергөө абагында ызы-чуу чыгып, жабыркагандар болду. Азырыча канча адам жабыркаганы тууралуу так маалымат жок.

Түштөн кийин абактагы абал тынчып, бирок дагы эле коркунуч сакталып турганын "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлады. Анын айтымында, тополоңдон өлгөндөр жок, бирок атайын аскерлерден ур-токмок жедик дегендердин мурду сынып, бөйрөктөрү талкаланып, кан төгүлгөн: "Менин көзүмчө да күч колдонушту. Мен эптеп токтотуп жатсам, кайра-кайра сабап жатышты", - деди Акун.

Окуянын чоо-жайы боюнча расмий маалымат азырынча жок. Анын себептеринин бири катары ошол абакта жаткан эки кишини башка жерге которуу чечимине каршы нааразылык акциясын басуу аракети болгону айтылууда. Бул арада тополоңдон өлгөндөр да болгону тууралуу маалыматтар айтылып кетти.

Бирок Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов мындай маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, абактагылардын арасында ар кандай жараат алгандар бар, алардын ичинде абактын 4 кызматкери да бар.

Бусурманкулов ошондой эле ушу тапта башка бир катар абактарда ачкачылык акциясы башталып жатканын да кошумчалады.

Садыков: Паракор мугалим үчүн ректор жооп берет

Канат Садыков

Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн чоо-жайы тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков кеп салат.

- Алгач түшүндүрүп өтсөңүз, окуу жайлардагы коррупциялык аракеттерге каршы күрөштү кантип күчөтөлү деп жатасыздар? Кандай жаңы ыкмалар же чаралар колдонулганы жатат?

- Биринчиден, жогорку окуу жайлардагы коррупцияны окууга өтүүдөн тарта жоюуга аракет кылып баштадык. Ушул жылы келишимдик негиздеги окууга өтүү үчүн экзамендерди жойдук. Болгону жалпы республикалык тесттин жыйынтыгындагы балл менен окууга өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошону менен бир кадам жасалды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети
Кыргыз-Түрк “Манас” университети
Бирок бул жетиштүү эмес. Биз жогорку окуу жайлардын кайсы жеринде коррупцияга түрткү берүүчү жагдайлар бар экенин билебиз. Ушул ишемби күнү өткөргөн жыйында жогорку окуу жайлардын ректорлоруна биз талап койдук. Эгерде ушул окуу жайдын ичинде сессия учурунда жанакыдай паракорчулук жана башка терс көрүнүштөр боло берсе, буга жоопкерчилик өзүнүн жетекчисине жүктөлөт. Анткени үйдө бир баш болушу керек. Бирөө жооп бериши керек. Ошону менен ректорлор жоопкерчиликти өздөрүнө алышып, жогорку окуу жайдагы тартипти күчөтүш керек. Бул биринчи жол.

Экинчиден, биздин кээ бир окуу жайларда мындай терс көрүнүштөр жок. Ал эки гана окуу жай – бул Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Борбордук Азиядагы Америка университети. “Манас” университетинде бардыгы бюджеттик негизде окуйт. Америкалык университетте болсо, академиялык тазалык деген принцип бар.

- Бул эки университеттеги мугалимдердин айлык акылары кыйла жогору. Башка университеттерде да айлык көбөйсө паракорчулук азаят беле?

- Бул дагы өзүнчө туура айтылган принцип. Бирок бул эң негизги принцип деп айта албайбыз. Анткени биз билебиз, кээ бир окуу жайларда айлык жетиштүү. Мурдагыдай такыр эле эч нерсеси жок болуп, студенттерди кыйноого өтүштү дегенден алыспыз. Мен муну коомчулуктун оорусу деп ойлойм. Бул коомдун туура эмес, терс көрүнүштөрүнүн бири. Окуу жайлардын ичинде жайылганы коомго эң чоң зыян келтирип жатат.

- Азыр жогорку окуу жайлардагы мугалимдердин орточо айлык акысы канча?

- Азыр жогорку окуу жайлардагы эң төмөнкү бюджеттик айлык 6,5 миң сом. Бул жаңыдан мугалим болуп кирген жаш адистин айлыгы. Профессорлор, докторлордун айлыктары 9 миңдин тегерегинде. Бирок бизге жеткен маалымат боюнча, келишимдик негиздеги кошумча акча менен 13төн 16 миңге чейин айлыктар бар.

- Кемигинде да, керкисинде да бар дегендей, параны студенттердин өздөрү берери айтылып жүрөт. Канткенде студенттердин өздөрүнүн көз карашын өзгөртүүгө болот?

- Биз студенттердин өздөрүнүн лидерлерин чогулттук. Тиешелүү иштерди алып бардык. Дагы ушул иштерди күчөтөбүз. Анткени студенттер ушундай нерселерге өздөрүнүн пикирлерин өзгөртпөсө, менимче бул улана берет. Студенттер кыйналган кезде, сабакка бара албай калган кездерде, алар да ошондой жолдорду издей башташат экен.

Эркектер менен эңишкен Халдаркан

Жалалабаддык балбан аял Халдаркан Хакназарова азыр неберелери менен үйдө.

20 жыл мурда Жалал-Абад жергесинде атагы таш жарган балбан аял Халдаркан Хакназарова азыр 55 жашта. Кезинде эркектерден калышпай улак тартып, эңишке чыгып жүргөн бул киши азыр Ноокендин Киров айылындагы үйүндө неберелерин тарбиялоо менен алек.

Чабандын үй-бүлөсүндө туулгандыктын Халдаркан айым бала чагынан эле жылкынын кулагы менен тең ойноп өсүптүр. 40 жашына чейин ат жалында жүргөн болсо да, жыгылып, бир жерин кокустаткан эмес.

Халдаркан айымдын балбандык доору Совет мезгилинин соңку, эгемендиктин алгачкы жылдарына туш келген. Ошол кезде элдик оюн-зооктордо камчысын оозуна тиштеп, улак тартып, энишке чыгып жургон балбан аял бир да жолу соорунсуз үйгө келген эмес.

- 1988-жылдан тарта чыга баштадым, Нооруздарда чыгып жүрдүм эңишке. Соорунга кой, акча сайып беришчү. 10 жылдай жүрдүм эңишип… Аялдар менен да чыктым, эркектер менен да чыктым. Ушул маалга чейин бирөө мени ута элек. Азыр болсо азыр да чыга берем, - дейт Халдаркан айым.

Бул киши менен баарлашып отуруп, анын эркек мүнөзүн, сөздү таамай айтаарын байкайсың. Ошол эле учурда аялзатка таандык жылдыз да жок эмес. Алтымышка карап калса да өзүнө жарашыктуу бойонуп жүрүүнү унутпайт.

Жолдошунан эрте ажыраган балбан аял бир уул, бир кызды жалгыз тарбиялап, үйлүү-жайлуу кылыптыр. Замандын агымына жарашабы, айтор балдары ишкердикти тандашкан. Ошондуктан, беш-алты жылдан бери Халдаркан айым жылкы бакпай калыптыр.

Балбан жердешин ноокендиктер азырга чейин аңыз сөз кылышат. Айылдашы Асылбек Текебаевдин айтымында, 1996-жылы Ноокенде Манастын 1000 жылдык мааракесин белгилөө учурунда Халдаркан Хакназарова менен күч сынашканы эч ким чыкпай койгон экен:

- Чындыгында күчтүү аял. Манастын миң жылдыгы белгиленип жатканда, Халдаркан эже менен күч сынашканга бир да эркек чыкпай койгон. Стадиондо 20 мүнөттөй атта атаандаш күтүп турганы эсимде.

Кезинде району менен облусунун атагын чыгарган балбан аялга жергиликтүү бийлик болсун, мамлекет тараптан болсун алкоо айтылбаганына көпчүлүк капа болуп жүргөнүн кулак чалды. Кала берсе райондук ардактуу атуул деген наамды да буюрбаптыр. «Мага эч кандай наамдын кереги жок, айылдарда ат спортун өнүктүрө турган майдан ачып беришсе, спортун бул түрүнө кызыккан кыз-келиндерди колдоого көнүл бурушса, ошонун өзү жетет мага», - дейт Халдаркан балбан.

- Эгерде жогору жактан ушундай көңул буруулар болсо, кыздардан, келиндерден чыгарат элек. Ошондой мүмкүнчүлүк жаратып беришсе, устаттык милдетти мойнума алат элем.

Халдаркан балбандын көнүлүн ооруткан дагы бир нерсе - ат жалында эркектерден кем калышпай ойногон кыз-келиндер соңку мезгилде азайып баратканы. «Андайлар сейрек, аларды жазып, же теледен көрсөтүп да коюшпайт. А тургай жергиликтүү бийликтегилер бизди 8-мартта куттуктаганын да эстей албайм»,- дейт балбан айым.

Исламчылар менен теңирчилер тирешүүдө

УКМК диний касташууну козутту деген негизде «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүн түптөгөн Кубанычбек Тезекбаевге кылмыш ишин ачты.

Бирок Тезекбаев мындай айыптоону негизсиз деп атады. Талдоочулар бул окуяны ислам динин тутунгандар менен улуттук салтты артык койгондордун тиреши катары сыпатташууда.


Диний кастыкты кантип козуткан?


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Токталиевдин билдиришинче, «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүнүн негиздөөчүсү Кубанычбек Тезекбаевге диний касташууну козутканы үчүн кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилди:

- 2011-жылдын октябрь айында УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан «Тай тебиш» улуттук спорт оюнунун негиздөөчүсүнө каршы диний кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттери боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына теологиялык экспертиза дайындалган. Бул экспертизанын натыйжасында аталган жарандардын сөздөрүндө диний кастыкты козутууга багытталган аракеттер камтылганы аныкталды.

Анткен менен «Тай тебиштин» түптөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев бул айыптарга негиз жок деп эсептейт. Анын айтымында, ал исламды туура эмес чечмелеп алгандардын кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн жокко чыгарып жатканына гана көңүл буруп келген:

- Аларды эмнеден кемсинтиптирмин? Мен ислам динин жамынып алган мусулман эмес, бузулмандар биздин кыргыз коомун бузуп жатышканын айтып жатам. Мисалы, алар биздин «Манасыбызга» түздөн-түз каршы чыгып жатышат. «Манаста» кадимкидей эле тарбия жок, таалим жок деп айтып жатышат. Руханий жагыбызды бузулган диний сектанттар ээлеп алгандыктан, коомубуз бузулуп жатканын айтканмын.


Тирештин түпкүрүндө эмне бар?



Кубанычбек Тезекбаевдин айтымында ал негиздеген «Тай тебиш» мушташ өнөрүнүн динге эч кандай тиешеси жок. Дал ушул өнөргө кээ бир динчилдер тоскоол болгондон улам айрым пикир келишпестиктер пайда болгон:

- Тай тебиш менен машыккан балдар «улутум кыргыз, рухум Манас» деп ураан чакырышат. Ушул учурда айрым молдолор машыккан балдарды бир-бирден алып барып «сен Манас деп айтат экенсиң, антип айтпа, ал - ширк» деп каршы үгүттөшөт экен. Мен ошондо молдолорго барып каршы чыгып жатканын айтсам, «биздин динде Манас деген жок» деп жооп беришти. Мен диниңерде Манас жок болсо кыргызда бар, аны билбеген адам кыргыз эмес деп айтканмын.

Тезекбаев УКМКнын айыбына макул болбой, өзү да сотко кайрылууга даярданып жаткан экен. Журт ичинде бул окуя кыргыз салттарын жана улуттук дөөлөттөрүн туу туткандар менен ислам динин кармангандарын тиреши катары бааланууда. Себеби, акыркы учурда Кыргызстанда ислам динин тутунгандар менен теңирчилик идеясына берилгендер арасында ажырым көзгө ачык уруна баштады. Мисалы, тенирчиликтин жактоочулары исламдын жайылышын араб маданиятын кыргыз кыртышына кыстап киргизүү катары сындап келишүүдө

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов ислам динин тутунгандарды улуттук салт-санаа, дөөлөттөрдөн баш тарткандар катары сыпаттоо жаңылыштык деп эсептейт:

- Менин оюмча, теңирчилик деп адамдар карманып жаткан нерсе адамдарга дин болуп бере албайт. Бул жөн гана бир ууч адамдардын кызыкчылыгындагы нерсе. Ал эми улуттук менталитетти тутунуу, сыйлоо десе айрым адамдар теңирчи болуш керек деген алешем пикирди карманып алышкан. Бул туура эмес пикир.

Айрым талдоочулар ар кыл диний агымдар арасында пикир келишпестик орун алып жаткан чакта эми теңирчилик менен ислам ортосунда араздашуу арты өлкө коопсуздугун коркунучка такашы мүмкүн деген божомолдорун айтып жатышат.

Көз карандысыз талдоочу Руслан Ташанов мындай пикир келишпестиктерди азыртан жөнгө салбаса, кесепети коркунучтуу болоорун белгилейт:

- Булардын ортосунда ар кандай тирешүү чыгып кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Ошондуктан, теңирчиликти дин катары кармангандар менен салттуу исламды тутунгандардын ортосунда диалог, пикир алмашуу болгондой шарт түзүшүбүз керек.

Диний касташууну козутту деген Кубанычбек Тезекбаевдин үстүнөн сот иши Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда 19-январда башталат деген маалымат бар.

Түрмөлөрдөгү абалды кантип түзөйбүз?

Кыргызстан жаза аткаруу мекемесинин дарегине олуттуу сындар айтылып жатат. Анын ичинде коррупция, абактарда шарттын жоктугу жана башка маселелер.

Мына ушул тема “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов, Мамлекеттик жаза өтөө мекемесинин жетекчисинин кеңешчиси Табылды Исаев жана “Жарандык коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси, Жаза өтөө мекемесинин коомдук байкоо кеңешинин төрагасынын орун басары Төлөкан Исмаилова катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






“Азаттык”: Чындыгында бул система көп мезгилден бери чыр-чатактан, жаңжалдардан арылбай келатат. Бир канча депутаттык, укук коргоочулардан турган комиссиялар да иликтеп көрүштү. Токон мырза, биздин билишибизче сиз бүгүн-эртең парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетин жетектей турган болуп турасыз, ошол жаңы жумушуңузга да бул тармактын тиешеси бар. Жаза өтөө мекемелеринин айланасында эмне үчүн ушундай абал түзүлүп жатат?

Токон Мамытов: Азыркы Мамлекеттик жаза өтөө мекемесинин кызматынын жетекчиси, анын орун басарларынын адамгерчилик сапатына шек келтирээрлик, же алардын тууган-жакындарына асылалы деген ой-пикирден алыспыз. Ал киши тилекке каршы ушул принципти кармабай, айрым депутаттардын ата-энесине, туугандарына асылып чыкты. Баары былтыр кадр маселесинен башталды.

“Азаттык”: Негизи абактарда абал кандай? Аларды тамак-аш менен камсыздоо, шарттарын түзүү жакшыбы?

Токон Мамытов: Ал тиешелүү деңгээлде эмес, азыркы талапка жооп бербейт.

“Азаттык”: Табылды мырза, буга кандай жообуңуз бар?

Табылды Исаев: Бул бүгүнкү чыга калган проблема эмес, бул 10-15 жылдан бери келаткан нерсе. Шейшенбек Байзаков келгенден бери өзгөрүүлөр пайда болду. Бүгүнкү күндө биздин мамлекет өз деңгээлиндей акча бөлгөн жок, 27-30 пайыздай гана бөлүнүп атат. Ар бир абактагы киши үчүн бир күнкү тамагына 78 сом 11 тыйын, ал эми ооругандарга 138 сомдон бөлүнөт.

“Азаттык”: Төлөйкан айым, Жаза өтөө мекемесинин байкоочулар кеңешинин төрайымы катары да, укук коргоочу катары да бул тараптагы абалды жакшы билет. Төлөкан айым, абактарда өзгөрүү барбы? Болсо кайсы жагына?

Төлөкан Исмаилова: Биз алты жылдан бери жаза аткаруу институтуна өз демилгебиз менен киргенбиз. Андан кийин Роза Отунбаеванын жардыгы менен кеңеш түзүлгөн.

Алты жылдан бери келаткан өзгөрүүлөр тууралуу буларды айтат элек: түрмө абалын ачыкка чыгарып, бүгүнкү күндө түрмөлөр трагедиялык абалда экенин бүт коомчулук билип атат. Бул эң жакшы нерсе.

Экинчиден, абакта отурган адамдардын саны чакан Кыргызстан үчүн аябай көп. Анткени мыйзамсыз система, Ички иштер министрлигинин тергөө органдарынын кармоо убактысындагы жасаган иштер, башка институттар Совет мезгилинин калдыгында жана көмүскөдө турат.

Жаза аткаруу институтун реформа кылыш үчүн “Стратегия-215” деген план-долбоору бар. Кыска, орто жана узак мөөнөттөгү жасалуучу иштер такталган. Бюджеттик процесс да ачыкка чыгып келди.

Сулайман-Тоо ЮНЕСКО тизмесинен чыгып калабы?

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучунда калды.

Археологиялык коруктун тегерегинде жеке менчик үйлөрдүн жана кафе-чайханалардын дагы деле курулуп жатышы эл аралык уюмду ушундай кадамга түртүшү мүмкүн.

Музей жетекчилиги курулуш ээлери менен соттошуп жатса, Оштун бийликтери бул маселеге мурунку чиновниктер айыптуу экенин билдирүүдө.

Маматибраим Жаныбеков
Маматибраим Жаныбеков
"Сулайман-Тоо" археологиялык музейинин директор орун басары Маматибраим Жаныбеков коруктун айланасындагы курулуштар тууралуу ЮНЕСКО өкүлчүлүгүнөн атайын эскертүү келгенин ачыктады.

"Тоонун табигый турпатын бузган жеке менчик имараттар жакын арада алынбаса, ыйык жай дүйнөлүк баалуу мурастардын катарынан чыгып калат" деп тынчсызданат ал:

- Сулайман-Тоонун түндүк-батыш жагында Кайып мазарга буга чейин каза болгон адамдардын сөөктөрүн жашырып келишкен. Дүйнөлүк баалуулуктардын катарына киргенден кийин бул токтош керек эле. Бирок дагы деле улантылып келе жатат.

Ал эми тонун түштүк жагын ала турган болсок, мындагы "Айдар-Ата" чайханасы курулгандан баштап эле ал жердеги Асаб-ин Бурхуя күмбөзүн тосуп калды.

Алар белгилүү бир мөөнөткө чейин эскертүү берет экен. "Токтоткула, болбосо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен чыгасыңар" дейт. 2-3 жыл аралыгында ал иш аракеттер токтобой турган болсо, алар бул чечимин дароо кабыл алышат экен.


Жаныбековдун белгилешинче, айрым тургундар тоонун бир жагын казып топурак ташып кетет, же өз алдынча дарак тигип жиберишет. "Ошондой эле коруктун аймагында түшүп жаткан жаңы мечиттин бийиктиги да нормадан ашыкча болуп, тоонун бир өңүтүн тосуп калды" дейт ал:

- Менин колумда Жогорку Соттун 2010-жылдын 17-майында кабыл алынган "Сулайман-Тоонун айланасына турак-жай, имараттар салынууга уруксат берилбесин, ал жерлер коруктун карамагында калтырылсын" деген чечими турат. Мындан башка президенттин, өкмөттүн ушундай мазмундагы буйруктары бар. Булар ошону да аткарбай жаткандан кийин биз эмне кылышты деле билбей калдык.

Сулайман-Тоо атайын корукка алынганы менен ушул кезге чейин анын чөлкөмүн аныктаган акт ала элек. Калаа бийлиги Ош шаарынын башкы планы ишке киргенде гана жердин Кызыл китеби бериле турганын айтып келет. Музейдин шаарда жайгашып, бирок облустук бийликке баш ийгени да бул маселенин чечилишин кечеңдетип жаткандай.

Кудайберди Айылчиев
Кудайберди Айылчиев
Ош облусттук администрациясынын маданият иштер боюнча жетектөөчү адиси Камчыбек Досматов "Азаттыкка" мындай деди:

- Кеп болуп жаткан Кайып мазар облустун Кара-Суу районуна тиешелүү жер. Ошол жерге коюлуп жаткан сөөктөр тууралуу жергиликтүү жетекчилерге кат жөнөттүк. Бул боюнча биз керектүү чара көрөбүз. Бирок тоонун башка аймактары шаарга карагандыктан биз кирише албайбыз. Ош шаары, Ош облусуна бай ийбегендиктен бул маселелерди шаардык мэрия чечиши керек.

Ал эми Ош шаар бийлиги Сулайман-Тоонун тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштар өкмөттүк деңгээлде каралышы керек экендигин билдирүүдө.

Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Кудайберди Айылчиев жеке менчиктер мурдагы бийликтин тушунда курулганын моюндайт:

- Азыр мен билгенден коруктун ичинде 71 жеке менчик курулуш бар. Шаардык жетекчилик мунун баарын мыйзамсыз деп, каршы туруп, алып салууга аракет кылганбыз. Негизи аларга мэриянын мурдагы жетекчиликтери тарабынан уруксат берилип кеткен экен. Кадимкидей документтери, чечимдери, бардыгы бар. Бир нерсе кылайын десең эле "жеке менчик укугу бузулуп жатат" деп чыгып атышат. Ошол себептүү биз бул боюнча Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине кат жолдогонбуз. Бирок ошого карабай кафе-ресторан, чайханалар иштеп жатат.

"Сулайман-Тоодо" 400дөн ашык петроглифтер, жазмалар жана сүрөттөр сакталып калган. Ошондой эле корукта Асаб-ин Бурхуя күмбөзү, орто кылымдагы мончонун калдыктары, Абдуллахандын мечити орун алган.

Ушундай баалуулуктары үчүн ыйык жай ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилген. Буга чейин шаардык бийлик коруктун этегине түстүү оргума курганда да бул эл аралык уюмдун талаптарына каршы келери айтылган эле.

Жалал-Абад: Кутурмага каршы вакцина жок

Жалал-Абад облусунда 9-январда кутурган ит капкан эки адам ооруканада дарыланууда. Алардан азырынча кутурма оорусунун белгилери табыла элек.

Жыл жаңыргандан бери облуста бирден ит, мышык, козунун кутурганын лаборатория аныктады. Былтыр облуста 31 бодо мал, ит, жылкы, эшек кутурган, ит тиштеген 433 киши ооруканага кайрылган.

9-январда Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылынын эки тургунун жолбун ит каап алган. Айыл баш ийген Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Давлат Кайназарова алар ошол күнү ооруканаларга жаткырылганын, ит капкан бул адамдардын жакындары текшерилгенин билдирди:



Жолбун ит капкандан бери 74 жаштагы Масан Абдиева облустук оорукананын бет-жаак хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ит бул байбиченин колдору менен эриндерин, мурду менен бети-башын тиштегенин уулу Бакыт Абдиевден уктук.

Абдиевдин айтымында, жолбун иттин өлүгү кеч көмүлгөн жана окуя болгон айылда бодо мал, ит, мышык кутурмага каршы эмделбей жатат.



Облуста келемиш менен каңгып жүргөн ит көп. Алардын эмдөө менен эч кимдин иши жок. Былтыр ооруканаларга ит тиштеген 433 киши кайрылган, алардан кутурма дарты аныкталган жок. Жыл башында ит капкан эки кишиден да кутурма белгиси табыла элек.

Облустук оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Кулмамат Капаров кутурманы болтурбоо үчүн ветеринардык жана санитардык кызматтар жакшы иштөөсү керек экендигин айтты:



9-январда адамдарды капкан иттин кутурмага каршы эмделгени белгисиз. Анткени ал ит жолбун болуп чыкты. Ветеринардык лаборатория анын кутурганын 10-январда тастыктады.

Айыл өкмөттүн буйругу менен Жалгыз-Жаңгак айылынын иттери жана бодо малы эки ай убакыт бою ветеринардык дарыгердин көзөмөлүндө болот.

Облустук ветеринария башкармасынын башкы адиси Эрмамат Калмаматов ит капкан экинчи киши да ооруканада дарыланып жатканын билдирди:



Адистер адамдарды көчөдө жүргөн кароосуз ит, мышыктардан этият болууга чакырат.

Сессиядагы студенттерге

Министр образования К.Садыков заявил, что если сотрудники вузов
будут пойманы со взяткой, то наказание будут нести также и ректора.


Акипресс, 14-01-2012

1

"Сан-Хоседе салтанат
Жытташуудан башталат",
Дегенимди түшүнбөй,
Балдар менден жалтанат.
Экзаменге түз кирбей,
Тааныш издеп сандалат.

2
Жаакка чабып деканат,
Мээни чагып ректорат,
Мугалим да абалды
Туура айтуудан сактанат.
«2»лерди көп койсо,
Элдин баары даттанат.

3
Сессияга андыктан,
Аалымдардын далайы
Шпиондой камданат.
Менин жакшы баа койгон
Методумду колдобой,
Мээ көкбү деп таңданат.

4
Баалар болсо мендеги
Минтип эле тандалат:
Экзаменге эрте, кеч
«Орбит» чайнап келишсе-
«Дуб» дегендер «4» алат.
Колоңсого гуд бай деп,
Душка күндө түшүшкөн
Балдар - кыздар «5» алат.

5
Анткен менен баары бир
Мен ишенем силерге -
Шпиондор кармалат!

Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын» окурманы

Медицина акысыз дегенге ким ишенет?

Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүү акысыз дегенге ишенесизби? Сиз ноокастап калганда бекер дарылаган күн болду беле? Саламаттыкты сактоо тармагын акылуу кылып, бирок сапатын талап кылуу керек деген көз карашка кандай карайсыз?

“Арай көз чарай” талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова, КАМЭК менчик клиникасынын ээси, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун байкоочу кеңешинин жетекчи орун басары Эркин Маматов жана аталган фонддун башкы адиси Бакыт Шамырканова.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстанда медициналык кызмат акысыз деп айтса болобу?

Надира Нарматова: Бул бүгүн эле келип чыккан суроо эмес. Бул эгемендүүлүк алган 20 жылдан бери элдин жүрөгүн өйүткөн маселе.

Медицинада элди тейлөө, камсыздоо багытындагы иш күндөн-күнгө өрчүп отуруп, ушул деңгээлге жеттик. Мунун бардыгы биздин акыркы мезгилдеги мамлекеттик башкаруудагы бир багыттагы системалуу башкаруунун жоктугунан башаламандык болуп атат.

“Азаттык”: Конституциянын 47-беренесинде, акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган, "мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат" деп жазылып турат. Бул кайсы бир чекке чейин мамлекет төлөйт дегенди түшүндүрөбү? Деги эле мамлекеттик кепилдик деген эмне?

Бакыт Шамырканова: Мамлекеттин мыйзамынын, өкмөттүн токтомунун негизинде саламаттык сактоо системасында мамлекеттик кепилдик программасы ишке ашырылып келатат. Ал программанын алкагында медициналык тейлөөнүн кээ бир түрлөрү, көлөмү, шарттары аныкталган. Ошонун негизинде жарандардын көпчүлүк учурда өзүнүн укугун билбегендиктен өз көңүлүнөн берген каражаттар болуп келет.
Себеби калп айтканды токтотуш керек, баары бир төлөп аткандан кийин мыйзам түрүндө төлөнө турган кылыш керек.

Ал программанын алкагында кээ бир медициналык тейлөөлөр 52 категория жарандарыбызга бардык деңгээлде акысыз деп көрсөтүлүп кеткен. Биздин үй-бүлөлүк дарыгерлердин жолдомосу болгон учурда медициналык тейлөө акысыз көрсөтүлөт, кээ бир төлөмдү төлөп көрсөтө турган шарттар да анын ичинде камтылган.

“Азаттык”: Эркин мырза, коомчулукта саламаттыкты сактоо тармагын бекер эмес, акы төлөгөндөй кылыш керек, ошондо бул тармактагы кызмат көрсөтүү сапаты жогорулайт деген пикирлер да жок эмес. Сиз ушуга макулсузбу?

Эркин Маматов: Мен ушул тармакта иштегендиктен ички дүйнөмдө тынчсыздануу, нааразылык пайда болот. Бул совет доорунан бери келатат, совет доорунда медицина бекер болгон эмес. Өкмөт алмашып атат, алар деле калп айтып жүрүп өтүп кетишти. Эми деле ошол сөз кайталанып атат. Бул өйдө жакка тиешелүү болуш керек. Себеби калп айтканды токтотуш керек, баары бир төлөп аткандан кийин мыйзам түрүндө төлөнө турган кылыш керек.

Грек-рим күрөштөн өлкө чемпиондору аныкталды

14-январда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча 2012-жылдын чемпионатынын таймашуулары жыйынтыкталды. Мында бардык облустардын, Ош жана Бишкек шаарларынын балбандары мөрөй талашты.

14-январда Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы спорт борборунда грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн 2012-жылкы чемпионаты жыйынтыкталды.

13-январда грек-рим күрөшүнөн 4 салмак боюнча жүздөн ашуун балбандан Кыргызстандын 2012-жылкы чемпиондору аныкталса, 14-январда үч салмак боюнча таймашууларга токсонго жакын балбан катышты.

Жеңил салмакта өлкө чемпиондугу үчүн финалда Азия чемпиону Арсен Эралиев менен 16-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков күрөшүп, бул ирет жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Арсен Эралиев жеңип алды.

60 кило салмакта күрөшүп жүргөн Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев табында экенин далилдеп, финалда жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Атай Койчукуловду утту. "Эми башкы максат март айында Астанада өтүүчү мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алуу", - деди “Азаттыкка” Руслан Түмөнбаев.

66 кило салмакта мыктылар иргелип отуруп, финалга жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү, бир туугандар Руслан жана Роман Царевдер чыгып, Руслан жеңишке жетишти.

74 кг. салмакта финалда олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Темирлан Таиров менен жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек Бөдөшев күч сынашып, Темирлан чемпиондук наамга жетти.

Темирлан ушул салмакта мыкты балбан, Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновду утуп, Азия, дүйнө чемпиону болсом деген тилегин “Азаттыкка” билдирди.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде, Бээжин олимпиадасынан кийин бул күрөшкө кызыккан жаштар арбын болуп, быйылкы чемпионат атаандаштык мүнөздө өттү.

84 кг. салмактын баш байгеси үчүн жаштар арасында Азия чемпионатынын коло медаль ээси Азат Бейшебеков менен уландар арасында Азия чемпиону Абдрашит Абдымажит уулу күрөшүп, Азат өлкө чемпиону аталды.

96 кг. салмакта Кыргызстандын көп жолку чемпиону, олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Азат Эркинбаев финалда жалалабаддык Тынычбек Токторбаевди утуп, өткөн жылкы чемпиондук наамын сактап калды.

120 кг. салмакта олимпиадалык даярдоо борборунун жаш балбаны Камбар Жоробеков атактуу балбан, Азия оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимовду утуп, келечегинен үмүткөр кылды. Башкы машыктыруучу Эмил Алыкулов:

- Бул ирет жаштарды сындан өткөрдүк. Данияр, Жанарбек, Канат, Русландын жолун улантууга, алар менен теңата күрөшүүгө, намыскөй, дилгир жаштар арбын болгону кубандырат. Алдыда Лондон олимпиадасына жолдомо алуучу мелдештер, сыноолор, Азия, дүйнө чемпионаттарынын мелдештери турат.

Бул ирет Кожомкул атындагы спорт ордосуна күйөрмандар арбын келип, балбандарды сүрөөнгө алып, бир кумардан чыгышты.

Апта: Атамбаевдин Анкара сапары, бюджетсиз жаңы жыл...

Алмазбек Атамбаев Түркияга расмий сапар менен барды. Кыргызстан жаңы жылды дагы бюджетсиз баштады.

Президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө биринчи расмий сапарын Түркияга жасады.


Түркия - жаңы "түркүкпү?"


Түркия менен Кыргызстандын мамилеси буга чейин да жаман эмес болчу. Бирок Алмазбек Атамбаевдин бийликке келиши менен ал мамиле өтө жакындашуу жагына багыт алды. Буга Атамбаевдин түрк жетекчилиги менен жакшы мамилеси себеп болгонун серепчилер белгилеп жатышат. Ал эмес Алмазбек Атамбаевдин бизнеси да ал оппозицияда жүргөн мезгилде эле Түркияга көчүрүлгөнү айтылып келет.

12-январда башталган сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Түркия президенти Абдулла Гүл, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүп, түрк парламентинде да сөз сүйлөдү.

Президентти сапарында коштоп жүргөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Түркиядан бир катар жардамдарды сураган. Ал Ооганстандагы долбоорлорго Кыргызстандын катышуусуна көмөктөшүү, коопсуздук тармагын бекемдөөгө салым кошуу.

Кыргыз тараптын дагы бир каалаганы бул соода байланышын күчөтүү жана Түркиядан инвестиция тартуу. Бирок бул жагынан эки тарап көрүнүктүү ийгиликке жетише элек. Түркия жетекчилери эки өлкөнүн соодасынын көлөмүн 1 млрд. долларга чыгаруу жөнүндө көптөн бери айтып келатат, бирок ал сооданын көлөмү акыркы кезде кыскарып баратат. Маселен, мурунку жылдары эки өлкөнүн соодасы 350 млн. доллардан ашып барса, азыркы кезде 300 млн. долларга жетпей калганын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да моюнга алды.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси эки тараптын соодасы 100 млн. доллардын тегерегинде болуп калганын билдирүүдө. Бул андан да кыскарышы ыктымал. Анткени 1-январдан тарта Кыргызстан Түркиядан келе турган товарларга бажы төлөмүн көбөйткөнү маалым болду.

Түркиядан инвестиция келишинин кыйындыгын Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси Мамбетжунус Абылов мындайча түшүндүрдү:

- Түркия эч качан инвестор боло албайт. Ал бир жерге барып инвестиция салган эмес. Түркия инвестиция барган жерге шерик болуп, ошол ишти аткарып жүргөн мамлекеттердин катарына кирет.

Ал ошондой эле буга чейин Түркиянын абдан белгилүү компанияларын Кыргызстанга тартуу үчүн аракеттер жасалып, бирок натыйжа чыкпаганын, түрк ишкерлери Кыргызстанда азыркы кезде майда соода, тамак-аш тармагында гана бардыгын кошумчалады.


Анкарада геосаясий маселе да талкууланды


Алмазбек Атамбаевдин Түркияга сапарында геосаясий олуттуу маселе, "Манастагы" транзиттик борбордун тагдыры талкууланды. Кыргыз тарап АКШ, Орусия жана Түркиянын катышуусу менен "Манасты" жарандык транзиттик борборго айлантууну сунуштады.

Кыргызстан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев транзиттик борбор маселеси тууралуу Түркияда буларды билдирген:

- Бул жерде Кыргызстандын президентинин билдирүүсү бар. Анда 2014-жылдан кийин транзиттик борборду жарандык транзиттик борборго айлантуу сунушталган. Ага Орусия, АКШ жана Түркия, башка дагы каалаган тараптардын катышуусу мүмкүн.

Ошентип Түркияда Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги күзүрү болгон транзиттик борбор маселеси көтөрүлдү. Бул маселени Кыргызстан АКШ жана Орусиянын ортосунда эле эмес, Түркиянын да катышуусу менен чечүүнү тандап алды.

Кыргызстандын бул кадамы жана Атамбаев тарабынан сапар учурунда айткан айрым сөздөрү Кремлге тескери таасир этип, ал стратегиялык өнөктөштүн өчөшүүсүн пайда кылбайбы деген чочулоолорду пайда кылууда.

Кыргыз тарпатын мындай кадамын серепчилер Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан убада кылынган 106 млн. доллардын бөлүнбөй калышы менен байланыштырууда.

Андан сырткары орус тарап ГЭСтерди куруу, газ, мунай кендерин издөө багытында долбоорлорду аткарууга киришерин байката элек. Өткөн жылы буга Кыргызстандагы президенттик шайлоо, саясий туруксуздук себеп болсо, быйылкы жылы Орусиянын өзүндө президенттик шайлоо болуп, саясий кырдаал бул өлкөдө да татаалдашып калды.
Түркия эч качан инвестор боло албайт. Ал бир жерге барып инвестиция салган эмес.Мамбетжунус Абылов

Ошондуктан Кыргызстан энергетикалык долбоорлорго Кытай жана Түркияны тартууга аракеттенүүдө.

Кыргыз-түрк мамилесинде чечилбей келаткан дагы бир маселе бар. Бул - “Ак кеме” мейманканасынын тагдыры. Түрк ишкерлери аны ээлигине алуу үчүн көп аракеттерди жасап келген. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин мейманкана кыргыз тарапка өткөрүлгөн болчу.

Мамбетжунус Абыловдун маалыматы боюнча, түрк тарап азыркы кезде 51 млн. доллар карыздын ордуна ушул мейманкананы түрк тарапка кайтарууну сурап жатат. Ал боюнча кандай чечим кабыл алынаары азырынча белгисиз.

Бирок кыргыз-түрк “Манас” университетинин тагдыры Атамбаевдин мурунку сапарында түрк тараптын пайдасына чечилгени маалым.


Жыл бекитилбеген бюджет менен башталды


Акыркы жылдары адат болуп калгандай Кыргызстан 2012-жылды да бюджетсиз баштады. Башкача айтканда, быйылкы жылдын бюджети парламентте өз убагында каралбай калды. Өкмөт бюджетти даярдап, парламентке жолдогон. Бирок парламенттеги жараяндар бюджетке көңүл бурууга жол бере элек.

Быйылкы жылдын бюджетинин негизги параметрлерине токтоло турган болсок, анын кирешеси 82 млрд. 593 млн. сом, чыгашасы 100 млрд. 610 млн. сом деп белгиленген. Тартыштык 18 млрд. сомдун тегерегинде болууда. Өткөн жылдын бюджетинде да тартыштык 20 млрд. сомдун тегерегинде болуп, бирок өкмөт ал маселе чечилгенин, учурда Каржы министрлигинин кассасында 3 млрд. сом бар экенин билдирген.

Мына ушундай параметрдеги бюджетти парламент ички уюштуруу иштерин аяктагандан кийин карашы күтүлүүдө. Парламенттеги ички уюштуруу иштери болсо узап бараткан жумада соңуна чыкты. Маселен, парламенттин структурасы өзгөртүлүп, 16 комитеттин ордуна 13 комитет түзүлдү. Алардын жетекчилиги шайланды.

Бюджетти карай турган бюджет жана финансы комитети оппозициялык “Ата-Журт” фракциясына тийип, анын өкүлү Акматбек Келдибеков комитет төрагалыгына шайланды.


Өткөн жылдагы өсүш быйыл кайталанабы?


Статистикалык маалыматтар боюнча, 2011-жылдын 11 айын Кыргызстан экономикасы 8.5% өсүү менен аяктады. Бул тенденция быйылкы жылы сакталабы деген суроо жок эмес.

Экономика илимдеринин кандитаты Сапар Орозбаков быйылкы жылы өткөн жылдагыдай өсүш болбойт дейт:

- Быйыл өткөн жылдагыдай өсүш болбошу мүмкүн. Өсүш болсо да 8% жетпейт.

2011-жылдагы өсүштүн себебин Сапар Орозбаков 2010-жылы экономика абдан төмөндөп, өткөн жылы мына ошол төмөндөө калыбына келүүсү менен түшүндүрдү.

Дагы бир экономист Азамат Акелеев быйылкы жылы экономикада кандай көрсөткүчтөр болоору тууралуу буларды билдирди:

- 2012-жылы Европада кризис же болбосо өспөй калуу мезгили болот деген божомолдор болуп жатат. Бирок жаңы өнүгүп келаткан Кытай, Орусия жана Казакстанда өсүү болот деген божомолдор бар. Биз көбүнчө жаңы өнүгүп келаткан өлкөлөр менен байланышта болгон үчүн бул өсүш бизге да таасир этет деп ойлойм. Бирок ага бир шарт керек - өлкөдө саясий туруктуулуктун болушу жана өкмөттүн тийиштүү реформалардын жүргүзүүсү.

Акелеевдин пикиринде, учурда экономикага тоскоолдуктар жаратчу жагдайлар пайда болуп жатат. Маселен, казинолор жабылды. Андан сырткары маданият министри туризм тармагына лицензиялоону киргизебиз деп жатат. Булар чочулатуучу жагдай. Эгерде ушундай тоскоолдуктар жасалбай, тескерисинче ишкерликке шарт түзүлсө, өсүш болот.

Жогоруда айтылгандай, өткөн жылдын 11 айында ички дүң өнүм 2010-жылга салыштырмалуу 8.5% өскөн. Анын ичинде өнөр жай тармагы 124%, кайра иштетүү 125%, айыл чарбасы 102% өскөн. Бирок негизги капиталга инвестиция салууда алга жылыш болгон эмес.

Өлкөнүн тышкы соодасында да тескери сальдо сакталып кала берүүдө. Он бир айда жалпы тышкы сооданын көлөмү 4 млрд. 957 млн. доллар болсо, анын ичинен экспорт 1 млрд. 627 млн. доллар, импорт 3 млрд. 330 млн. доллар болгон. Тескери сальдо 1 млрд. 700 млн. доллардан ашкан.

Рыспайдын мурасын жыйнаган Борошев

Султан Борошев клубдун дагы бир мүчөсү менен.

Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин мугалими Султан Борошев 18 жылдан бери таанымал ырчы Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык мурасын жыйнап келүүдө.

Султан Борошевдин демилгеси менен университетте ырчынын атындагы клуб жана сүрөт галереясы уюштурулган. Анын саамалыгы менен Р. Абдыкадыровдун он бир ыры америкалык музыкант Антони Пааш тарабынан англисчеге которулган.

Султан Борошев Рыспай Абдыкадыров атындагы клубдун ишин 18 жылдан бери бир тыйын акы албай жүргүзүп келүүдө.

Рыспай Абдыкадыров атындагы клуб Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде окуу жайдын музыка мугалими Султан Борошев жана обончунун андан башка күйөрмандары тарабынан 1994-жылы ачылган. Ошондон бери клубга обончунун 300дөн ашуун ыры, ноталары менен сүрөттөрү, ал тууралуу тартылган тасмалар, нукура таланттын чыгармачылыгы жөнүндө артисттер менен акын-жазуучулардын эскерүүлөрү топтоштурулган.

Клубду ачууга совет доорунда таанымал ырчынын чыгармачылыгына бийлик тарабынан жасалган кош көңүл мамиле, Борошевдин Ош мамлекеттик пединституттан кийин Казакстандын Өскемен (Усть-Каменегорск) шаарында сүрөтчүлүккө окуп жүргөндө казак жаштарынын Абдыкадыровдун ырларына жогору баа бергени түрткү болгон экен.

Клубдун кызыл тасмасын Рыспай Абдыкадыров өзү кескен. Бирок клуб ачылгандан төрт айдан кийин обончу 12-декабрда көз жумган.

Клубдагы сыналгыдан ушул тапта Р. Абдыкадыров өз атындагы клубдун ачылышына катышкан 1994-жылдын 11-май күнү аткарган “Ак куулар сени сагынаар” деген ыры жаңырууда. Борошев Ош пединститутунун музыка факультетинде Р. Абдыкадыровдон билим алган.

Быйыл ал Р. Абдыкадыровдун чыгармачылыгы тууралуу беш томдук китепти даярдап бүттү. Анын эки томдугу демөөрчүлөрдүн көмөгү менен Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан жарык көрдү. Калган томдорун жарык көрдүрүүгө каражат жагынан колдоочулар изделүүдө:

- Биз угуп аткан ушул “Ак куулар сени сагынаар” аттуу обону улуу таланттын өзү аткарган акыркы ыры болуп калды. Анткени ошол жылы ал киши кайтыш болуп кетти.



Клубдун жанында атактуу ырчынын чыгармалары боюнча жаралган сүрөт галереясы уюштурулган. Ал сүрөттөрдү Султан Борошев өзү менен бирге башка сүрөтчүлөргө акысыз тарттырган:

- 2003-жылы Р.Абдыкадыровдун сүрөт галереясын ачтык, ырларынын негизинде. Мына бул сүрөт “Эсиңдеби?” деген ырына тартылган. Мунусу “Сагынуу” деген ыры боюнча.

Жалал-Абад университетинде эки жыл иштеген америкалык музыкант Антони Пааш ошондо Р.Абдыкадыровдун он бир ырын англисчеге которгон экен. Обончунун “Сагынуу” деген ыры боюнча №1 симфониясын да жараткан. Ал симфония быйыл аткарылды. Антони Пааш обончунун 70 жылдыгы белгиленген маалда АКШдан атайын куттуктоо телеграммасын жибериптир.

Султан Борошев Абдыкадыровдун клубун бир нече аймак-шаар, өлкөлөрдө ачуу ниетин билдирди.

Милиция: былтыр реформа, быйыл реформа...

Жаштар жана жарандык активисттерден турган топ Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча Концепциянын альтернативдүү долбоорун сунуштап жатышат. Буга чейин ИИМ байкоочу кеңеш менен бирге өзүнүн реформалоо концепциясын иштеп чыккан.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Ички иштер министрлигинин илим изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Иса жана көз карандысыз эксперт Искендер Шаршеев.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Азиз мырза, Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча Концепциянын альтернативдүү долбоорун сунуштап жатасыздар. Ал эмне болгон концепция?

Азиз Иса: Биз жаңы кадамдарды сунуштап жатабыз. Биринчиден, кадрларды жаңыртуу керек. Анткени азыркы иштеп жаткан кадрлар турганда эч нерсе өзгөрбөйт. Мисалы, натыйжалуу реформаларды жүргүзгөн Эстония, Грузияда 80% чейин кадрларды алмаштырды.

Экинчи кадам – коомдук пикир эң негизги баалуу ыкма болуш керек. Бүгүнкү күндө ИИМ "биз жакшы иштеп жатабыз" деп өзүн өзү баалайт. Бирок алардын иши коомчулукту канааттандырбайт. Эл аралык институттун сурамжылоосу боюнча, коомдун 15% гана милицияга ишенет.

Биз милициянын кардары ким болгонун аныктап алышыбыз керек. Бул - коом, жарандар. Ошондуктан милицияны коом баалаш керек. Ошондо гана милиция өзгөрүп, жарандарга сылык мамиле жасай баштайт.

Биз концепция иштеп чыкканда Америка, Эстония жана Грузиянын тажрыйбасын алдык. Эксперттер аталган өлкөлөргө барып келишкен, бир жылдан бери бул концепция иштелип жатат.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, сиз реформалоонун ушундай жолуна макулсузбу?

Шамшыбек Мамыров: Бизде 13 миң кызматкер бар. Алардын 8 миңи таза милиция, ички иштер органдары жана аскерлери, окуу жайлары бар.

Биринчиден, эмне үчүн саясий ыңкылап болду? Ушул даярдалган көп материалдардын убагында каралбаганы, айтылбаганы үчүн.

Ал эми бул альтернативдүү концепция дегендин негизги багыты биз үчүн жаңылык эмес. Эгер Эстониядан, Грузиядан алдык десе, бизде 8 жылдан бери ИИМге көмөк көрсөтүү, реформа деген программа иштеп жатат.

Бизде жалпы жонунан 40тан ашуун мамлекеттен полиция эксперттер келип иштеп жатат. 2006-жылы ошол эле Эстония, Литва, Батыш Европа өлкөлөрүнүн негизинде өзүбүздүн сунушубуз берилген. Эгер Грузиянын чыныгы реформасын окуган киши болсо, ал жакта жеке эле полицияда эмес, жалпы мамлекеттик башкаруу системасында реформа болгон.

Биздин деле маалыматыбыз бар, сынак атаандаштыгы учурунда мурда иштеп жаткандардын 70% кайра эле кызматка алынган. Милициянын толук кандуу өнүгүүсү үчүн биз 5 млрд. сураганбыз. Өкмөт анын 2 млрд. 300 млн. сомун берди. Бул 43% гана. Анын ичинен 80% айлык акыга кетет.

“Азаттык”: Искендер мырза, милицияны реформалоо маселеси көп жылдардан бери козголуп келатат. Бул багытта ЕККУда өз көмөгүн көрсөтүүдө. Сиз көз карандысыз эксперт катары ИИМде реформа болуп жатканын байкап жатасызбы?

Искендер Шаршеев: ИИМди реформалоо аракеттери жүрүп жатат, бирок маңызына жетпей жатат. Буга системалуу жолтоолор болуп жатат, аны сындырыш үчүн саясий эрк керек. Анткени биздин милицияда мыкты эксперттер бар. Тилекке каршы алардын койгон максаттарынан жыйынтык чыкпай жатат.

Үч жума мурда ири ишкерлер тобу менен Грузияга барып келдим. Ошондо Грузиянын ички иштер министри менен жолуктук. Ал Кыргызстанга төрт жолу келиптир. Ал “Кыргызстандын бюджети биздин бюджет менен тең экен. Айрым жеринде ашат экен” дейт. Ошону менен бирге ал жакта милициянын орточо айлык акысы 700 доллар. Грузия министринен "ушундайга кантип жетиш керек" деп сурасам, "силерде менталитет өзгөрө элек" деп жооп берди.

Борбор Азия апта ичинде

Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт. Түркмөнстанда “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Тажик оппозиция лидерин бычактап кетишти.

Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз:



Казакстан мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун босогосунда турат. Шайлоонун бир айга жетип-жетпeген үгүт өнөктүгү 13-январда аяктады.

Жекшембидеги добуш берүүнүн натыйжасында өлкөдө бир партиялуу система жоюлуп, бирок реалдуу оппозиция кайра эле парламенттен сыртта калган жатат.

Жалгыз партиялуу Түркмөнстанда “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Кайра шайланууга аттанган президент Гурбангулы Бердымухаммедов көп партиялуу түзүлүштү убада кылды.

Тажикстандын оппозиция ишмерине Москвада кол салынды. “Ватондор” кыймылынын лидери, “Чароги руз” гезитинин баш редактору Додожон Атовуллоевди тажик бийликтери өткөрүп берүүнү Орусиядан бир нече ирет суранган.

Өзбекстанда кышкы суучулдардын башын бириктирген "Морждор клубу" Ташкендин бийликтери тарабынан жабылды.

Транзиттик база глобалдык маселеге айланууда

АКШнын Кыргызстандагы жүк ташуучу транзиттик борборун 2014-жылдан кийин жарандык борбор кылып түзүү сунушу Анкарада жарыяланды.

Кайра түзүү жараянына АКШ, Орусия, Түркия жана башка кызыккан тараптар катышуусу ыктымал. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегациянын курамында Түркияда жүргөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- 2014-жылдан кийин транзиттик ташуу борборун жарандык транзиттик ташуу борбору кылып кайра түзүү боюнча варианттар сунушталууда. Ага Орусия, Кошмо Штаттар, Түркия жана башка кызыккан тараптар да катышуусу мүмкүн.

Кыргыз президентинин НАТО мүчөсү Түркияга расмий сапарынын маалында айтылган сөз саясий соодалашуудан кабар берери жергиликтүү чөйрөдө айтылып жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев транзиттик борбор боюнча макулдашуу узартылбай турганын буга чейин бир нече ирет билдирген. Жаңы президент бул чечимин Кыргызстандын коопсуздугуна байлап, кандайдыр бир саясий оюндардын тыянагы эмес экендигин тастыктап келатат.

-“Манаста” аскерий базанын болгону жакшы эмес. Анткени өткөн жылдары Америка Ирак менен согушкан. Эртең Иран менен согушуусу мүмкүн. Бир күнү жооп катары бир ракета жөнөтүп койсо, база эмес, Бишкек жок болот да. Ошондуктан, мен ойлоп турам, “Манаста” жарандык аэропорт болушу керек.

Президенттик шайлоонун эртеси Атамбаев “Азаттыктын” суроосуна ушинтип жооп берген болчу.

Ошол эле учурда коомчулукта Кыргызстан геосаясий оюндун ортосунда чайналып турганы айтылууда. Бул жагдай АКШнын ракетадан коргонуу долбоорунун жайылтылып жатышы, Орусиянын АКШнын мизин кайтарууга Бишкектеги транзиттик борборду пайдалануу аракети, Кыргызстандын Орусияга ыктоо аргасыздыгы өңдүү себептерден келип чыгууда.
Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде Орусиянын ЕврАЗЭС убада кылган 150 млн. долларды ыраа көрбөй, курулай кысмакка алып турушу Кыргызстанды экономикалык башка ресурстарды издөөгө түртүүдө. Муну баамдаган АКШ каржылык колдоого муктаж Кыргызстанды өзүнө Түркия аркылуу имерүүгө далалаттанып жатышы толук ыктымал:

- Түркия транзиттик борбордун форматын өзгөртүүгө катышат, Түркия менен мамилени абдан күчөтөбүз дегени Батыштын кызыкчылыктарынан келип атат деп ойлойм. Батыш Орто Азияда позициясын жоготуп жатканын сезет. Ошон үчүн Түркия өткөөл баскыч, өткөргүч болуп жатат. Мындай учурда жабык сүйлөшүүлөр да болушу мүмкүн. Батыш кандайдыр бир инвестициялык сунуштарды берет деп ойлойм.

Кыргызстан Батыштын же Кытайдын таасирине кирип кетсе, Орусия мөрөй албайт дейт талдоочу. Анын баамында, жагдай ушундай болуп калса Орусия Кыргызстан аркылуу Борбор Азияны жоготкондой эле абалга кабылат.

Анткен менен Орусия Борбор Азиядагы баркын чыңдоо камында. Жамааттык Коопсуздук Келишим уюму 20-декабрда аскерий базалар аймакка мүчө-мамлекеттердин макулдугу менен гана жайгаштырылат деген протоколду кабыл алды. Министр Казакбаев уставга киргизилген бул толуктоонун мурда кабыл алынган макулдашууларга таасир этпейт деп ишендирди.

Ошол эле мезгилде базага байланыштуу макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга чейин геосаясий кырдаал өзгөрбөйт деп эч ким кепилдик бере элек. Аймакташ Ооганстанда тынч эмес экендигин өткөөл президент Роза Отунбаева да кызматын өткөрөр алдына уюштурган акыркы маалымат жыйынында айтканы бар:

- Кырдаалды байкайлы. Алмаз Шаршеновичтин (Атамбаев – ред.) кандайдыр бир жалпы жарандык авиапорт болушу боюнча пикирине кошулам. Азия менен Европанын өткөөл жерине ал абдан керек. Башка жол жок. Бирок Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүш динамикасына карайлы.

Роза Отунбаева АКШнын өзүндө каржылык каатчылык болуп турганда Кыргызстандагы транзиттик аскерий борборду геосаясий дымак үчүн гана кармап турат дегенге ынана бербейт.

Ооганстан тынчыбай турганда Кыргызстандын коопсуздугуна АКШ транзиттик борборунун кеткенине караганда турганы көбүрөөк таасир этет деген пикирлер да коомчулукта аз эмес.

2001-жылы Антитеррордук коалициянын макулдугу менен аскерий база катары жайгашып, Курманбек Бакиев бийликте турганда кайра түзүлгөн “Манас” аба майданындагы АКШ транзиттик борбору жөнүндөгү макулдашуунун мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Ушул эле жылы АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү максатын көздөөдө.

Тил маселеси кайрадан талкууга түштү

Кыргызстанда кыргыз жана орус тили боюнча парламенттик талаш коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Депутаттардын Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилде иш алып барууга болгон чакырыктары орус тилдүү жарандар арасында нааразычылык жаратууда. Талдоочулар мындай талаштар өлкөдөгү ансыз да араң турган улут аралык кастык сезимин курчутушу ыктымал деп эскертип жатышат.

Айрым депутаттардын парламент жыйындарын кыргыз тилинде гана алып барып, Жогорку Кеңеште кыргызча гана сүйлөш керек деген чакырыгы орус тилдүү саясатчылардын каяшасын жаратты.

Депутаттардын кыргызча сүйлөшүн өжөрдүк менен талап кылган депутат Урулкан Аманбаева "бул мыйзам ченемдүү талап, аз улуттардын укугун тебелебейт" деп далилдөөдө:

- Мамлекеттик тилди өз деңгээлинде көтөрүү тууралуу маселени көтөрүп жатабыз. Менин пикиримде бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Муну коомчулуктун баары эле билиши керек. Баш мыйзамда жазылган боюнча мамлекеттик тилде сүйлө десек эле эмне үчүн эл душманына айландырганын түшүнбөйм.

Буга кошумча депутат Исмаил Исаков парламенттин ишин жана документтерин жалаң кыргызча жазыш керектигин сунуштады. Бул позицияны кармангандардын жүйөсү боюнча, орус тилине расмий макам берилүү менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө бөгөт коюлууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова ушундай пикирди кармангандардан:

- Бул жерде кыргыз жеринин абасын жутуп, жашап жактан соң өздөрүнүн аң-сезими жана мекенчилдик сезими менен гана кыргызча үйрөнүп, кыргыздар менен тең ата кыргызча сүйлөшү тууралуу гана сөз болушу мүмкүн. Муну менен катар өзүнүн эне сүтү менен келген тилин үйрөнө берсин. Ага тыюу салган эч ким жок.

Улуттук азчылыктын укугу

Бирок бул демилгелер орус тилдүү депутаттардын каршылыгына кабылды. Алар мындай аракет орус тилдүүлөрдүн укугун тебелегенге тете деп жатышат.

Депутат Ирина Карамушкина бул кадамдар улут аралык араздашууларга жол ачышы мүмкүн экенин билдирди:

- Жогорку Кеңеште бардык документтер кыргыз тилинде жүргүзүлсүн деп сунушталып жатат. Кыргыз тилинде баарыбыз эле түшүнө бербейбиз да. Мисалы, мен кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бирок толугу менен өздөштүрдүм деп айта албайм. Ошондуктан мындай сунуштар менен кыргыз тилин билбегендердин укугун тебелеп жатышат. Анын үстүнө бизде расмий тилдин макамы жөнүндө мыйзам бар. Бул мыйзам такыр эле иштебей калды. Учурда мамлекеттик органдардан баштап, мектептерге чейин орус тилиндеги бардык нерсени алып, кыргызчаны гана калтырууга аракет жасалып жатат. Мындай бир тараптуу саясат жакшылыкка алып барбайт.

Муну менен катар парламентте кыргыз тилине үстөмдүк маани берүүнүн арты орус тилдүү калктын Кыргызстандан көчүп кетишине өбөлгө болот дегендер да чыгууда.

"Московский комсомолец Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов депутаттардын тилдик негизде жиктөө аракети кабатырлантаарын белгилейт:

- Биз орус тилдүүлөр деп орустарды гана эмес, Кыргызстанда жашаган украин, немис, өзбек, уйгурларды билебиз. Муну менен катар Советтер Союзу учурунда окуп, билим алгандардын көпчүлүгү үчүн да орус тили улуттар аралык тилге айланган. Анан ушундай кырдаалда айрым депутаттардын кадамдары орус тилдүүлөрдүн нааразычылыгын гана жаратпастан, кемсинтүү катары кабыл алынып жатат. Мындай кадамдар өлкөдөн кетүүгө болгон каалоону жаратууда. Ал эми алардын арасында өз ишин мыкты билген, колунан бир нерсе келгендер көп.

2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан бери ансыз да олку-солку абалда турган Кыргызстанда тил маселесинин кабыргадан коюлушу орунсуз деди кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Замира Дербишова. Анын айтымында, тилди өнүктүрүү талыкпас, сабырдуу аракеттер аркылуу гана жетишилүүгө тийиш:
Мисалы, мен кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бирок толугу менен өздөштүрдүм деп айта албайм.

- Бул маселеге кылдаат мамиле жасашыбыз керек. Себеби учурда тил маселесин кандай кааласак, ошондой пайдаланып жатабыз. Бул туура эмес.

Биринчиден, Баш мыйзамда эки тилге бирдей укук берип койгонбуз. Ошондуктан биз “жалаң эле кыргыз тилинде сүйлөйсүңөр” десек мыйзамдык жактан туура эмес болуп калат. Экинчиден, тил - өзгөчө көрүнүш. Муну күчкө салууга болбойт. Андан көрө ага шарт түзүп беришибиз керек. Тил өзү ошол абалга жетиши керек.


Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүүсүн милдеттендирген мыйзамдык жоболор көп жыл мурда айтылган. Бирок бул жагынан айтаарлык жылыш болбогонун талдоочулар белгилеп жүрүшөт. Жаңы президент Алмазбек Атамбаев да ант берүү аземиндеги сөзүндө ар бир жарандын бала бакчадан тарта кыргызча өздөштүрүүсүнө шарт түзүүгө чакырган.

Мигрант кыздын сөөгү жерге берилди

13-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү жерге коюлду. Ал Москвада 9-январда италиялык ресторанда өрттө набыт болгон. Маркумдун жакындары үйүндөгүлөрдүн эң кенжеси болгон бул кыздын мыкты сапаттарын эскеришүүдө.

Сузак районундагы Жерге-Тал айылынын тургуну Абдыманап Сатыбалдиевдин үй-бүлөсү менен туугандары, куда-сөөгү, айылдаштары жана тааныш-билиштери бул күнү пенсиядагы бул кишинин кызы Толгонай Сатыбалдиеванын денесин жерге беришти.

24 жаштагы Толгонай Абдыманап аксакалдын сегиз баласынын эң кенжеси экен. Ал 9-январда Москвадагы италиялык ресторанда газ баллон жарылганда набыт болгон.

Маркумдун сөөгү Москвадан учак менен жума күнү таңкы саат беште Оштогу аэропортко жеткирилген. Толгонай турмушка чыккандан кийин былтыр күйөөсү менен Орусияга иштегени кеткен. Ага дейре чач тарач кесибине ээ болуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуп жаткан.

Абдыманап карыя көз көрсөткөнү келгендерге жооп иретинде ый менен үн чыгарып, "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатты:

- Толгонай сегизинчи кызым эле, көкүрөк күчүгүм, эң кенжеси болчу. Жалал-Абад университетинин биология факультетинде окучу. Окуусун бүткөн эмес.



Москвада төрт жылдан бери иштеп жүргөн Эсен Алиев сөөктү учак менен ташууга Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кийлигишүүсү менен Толгонай иштеген ресторандын жетекчилиги каржылаганын билдирди.

Анын айтымында, жубайы ашпозчу болуп иштечү жана салаттын 22 түрүн жасай билчү. Эсен Алиев:

- Толгонай жакшы кыз болгон үчүн үйлөнгөм. Андай кыз жок. Төрт жыл бирге жүргөнбүз.



Толгонай сыяктуу Абдыманап Сатыбалдиевдин балдарынын баары айылдагы Мария Орозалиева атындагы орто мектептен билим алышкан. Ардагер мугалим Адина Каримова сыналгыдан Москвадагы капсалаңда Толгонайдын набыт болгонун угуп, аябай капа болгон:

- Абдыманап акенин балдары тартиптүү, үлгүлүү. Айрыкча Толгонай аябай жакшы кыз болчу. Математика сабагына аябай кызыкчу, мээнеткеч кыз эле.



Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы Москвадагы италиялык ресторанда болгон газ баллондун жардыруусунан жабыркагандардын арасынан жалалабаддык дагы бир тургун, денеси жүз пайыз күйгөн Анваржон Сатибалдиев аттуу адам ооруканада жатып, набыт болгонун 13-январда билдирди.

Былтыр чет өлкөдө иштеген жалалабаддык 25 тургун каза болгонун облустук миграция кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, облустун 66 миңден ашуун тургуну чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт.

Казакбаев: Түркия бизге жакшы каралашып жатат

Ушул тапта президент Алмазбек Атамбаев менен кошо Түркияда расмий сапарда жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кезинде кыйла жыл бою Түркияда иштеген.

Руслан Казакбаев: Эң оболу эки өлкө ортосундагы тарыхый, маданий, саясий алака-катыштарыбызды бекемдөө жөнүндөгү жалпы декларацияга кол коюлду.

Экинчиси, 2012-2013-жылдары кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Түркия менен Кыргызстан 2010-жылы кол коюшкан келишимде экономикалык, жарандык жана кылмыш иштери боюнча эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу жагы каралган. Ошол келишимди эки жак тең ратификациядан өткөрүп, эми иш баштала турган болду.

Экономикалык жааттан айтсак, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны апрелде Кыргызстанда өткөрүлөт. Бизге финансылык жардам берүү боюнча биринчи сүйлөшүүлөр болууда.

Түркиядан Кыргызстанга же Кыргызстандан Түркияга келген ишкерлерге жеңилдетилген инвестициялык чөйрө түзүп берүү, экономикалык окуу уюштуруу боюнча пикир алмашып жатабыз. Маселен, ар түрдүү экономикалык кесиптерге ээ биздин жарандарды Түркиянын окуу жайларында, министрликтеринде тажрыйбага каныктыруу боюнча келишимдер тууралуу сүйлөштүк.

"Азаттык": Түркияда кыргыз мигранттары аз эмес, аларга байланыштуу маселелер козголдубу?

Казакбаев: Мигранттар боюнча, биринчиден, визасыз режим боюнча бир, бир жарым айдын ичинде бүтүрөбүз деп жатышат. Бул жерде иштөө үчүн Социалдык камсыздоо жана эмгек министрлигинен уруксат алыш керек.

Мен Эмгек министри менен кездешем. Эки өлкө арасындагы келишимдин долбоору биринчи талкуудан өттү. Эмгек уруксатын Түркия бир дагы мамлекетке берген эмес, мыйзамында, тажрыйбасында андай жок. Бирок булар Кыргызстан үчүн өзгөчө жагдай түзөбүз дегендей ниетте, азырынча аягына чыккан жокпуз, бирок иштеп жатабыз.

Негизгиси: мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын ортосунда миграция боюнча өз ара түшүнүү бар. Ошондуктан натыйжага жетебиз деп ойлойм. Бул жолу Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн Түркиядан берилчү квота боюнча жаңы долбоордун үстүнөн иштей баштадык.

"Азаттык": Атамбаевдин президент катары биринчи болуп Түркияга келишинин чоң мааниси бар деп айтылууда. Сиз кайсы маанисин белгилээр элеңиз?

Казакбаев: 2010-жылдын апрель, андан соң июнда түштүктө болгон каргашалуу окуялардан кийин Кыргызстанга биринчилерден боор тартып каралашкан, өзгөчө жардам берген мамлекеттердин ири алды Түркия болду. 21 млн. доллар грант, 11 млн. доллар кредит, ошондой эле биздин Түркияга тышкы карызыбызды жоюшту. Түркия премьер-министринин, тышкы иштер министринин, президентинин Кыргызстанга ырасмий сапарлары болду. Анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин ортосунда да кызматташуу аябай кеңейип атат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG