Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:16

Кыргызстан

Ислам - Теңирчилик: талаштын сыры эмнеде?

Кыргыз - мусулманбы же теңирчиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Кыргызстанда ислам динин тутунгандар менен теңирчилик идеясын сүрөөнгө алгандар арасында пикир келишпестиктер чыгууда.

"Ыңгайсыз суроолордун" бул чыгарылышы ушул маселеге арналып, ага “Манас-Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев менен Кара-Балта шаарындагы “Куран-Нуру” ислам институтуну мүдүрү Садыбакас Доолов катышты.

Кыргыз - мусулманбы же теңирчиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00



Кыргыз - мусулманбы же теңирчиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:13 0:00

Журналист Павлюктун өлүмү боюнча иш кайрадан сотто

Журналист Геннадий Павлюк. (Архивдеги сүрөт.)

Казакстанда киши колдуу болгон кыргызстандык журналисттин өлүмү боюнча иш жаңы жагдайларга байланыштуу кайра тергелиши мүмкүн.

Айыпталуучулардын адвокаттарынын доо арызын эми Алматы шаардык соту карай баштады.

18-январда Алматы шаардык соту кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөн деп соттолгон үч кишинин доо арызын карап баштады.

Жактоочу Айгүл Эрболекова соттолуп жаткандар өздөрү катышып, арыздарын айтууну каалап жатышат дейт:

- Журналисттерге жана мага диктофон колдонуп, үн жаздырууга тыюу салды. Бирок катышууга жана сүрөткө тартууга уруксат берди. Менин өтүнүчүм менен айыпталуучу Уразалиндин өзү да соттук кароого катыша турган болду. Ал өзү келип арызын айтууну каалап жатат.

Бирок прокурор Кобжанова сот айыпталуучуларсыз эле өтөөрүн дароо айтты. Алдаяр Исманкуловдун актоочусу Светлана Мурзина бир топ маанилүү документтер биринчи соттук кароодо каралбай калганын айтып, аны да прокуратурада дыкат текшерүүнү өтүндү. Аны өтүнүчү менен сот 25-январга жылды.

Павлюктун өлүмүнө байланыштуу 10 жылга кесилген казак жараны Алмаз Игиликовдун жакындары казак сотуна кыргыз бийлиги тарабынан буйрук болгон деген ойдо. Мурат Игиликов -10 жылга соттолгон Алмаз Игиликовдун атасы:

Алмаз Игиликов сот залында. Алматы, 2011-жылдын 6-июну.
Алмаз Игиликов сот залында. Алматы, 2011-жылдын 6-июну.
- Менин уулумду негизсиз соттошту. Менимче, бул үч жигитти камоо боюнча Кыргызстан тараптан буйрук болгон. Күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн менин уулумду сабашкан, кыйнашкан...

11-октябрда Алматы калаасынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча иштин өкүмүн угузган.

Кылмышты уюштурган деп табылган Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов 17, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн казак жарандары Алмаз Игиликов 10, Шалкар Уразалин 11 жылга эркинен ажыратылган.

Өз кезегинде соттук жараянга атайын Кыргызстандан барып байкоо салып келген эркин журналист Сабыр Муканбетов сот ишинин улам-улам жылдырып жатышынан күмөн санайт:

Алдаяр Исманкулов сот залында, Алматы, 2011-жылдын 27-июну.
Алдаяр Исманкулов сот залында, Алматы, 2011-жылдын 27-июну.
- Павлюкту өлтүргөндөрдү кыргыз бийлиги атайын буйрук менен каматууда деген чындыкка жатпайт. Тескерисинче Павлюкту ошол кездеги кыргыз бийлиги буйрутма менен өлтүргөнү аныкталган. Соттон сотко созуп атышат ишти, бул жерде бир мандем болушу мумкун. Ушинтип отуруп анан соттолуп жаткандардан акча алып, коё бериши мүмкүн деп чочулайм. Казак соттору да кыргыз сотундай эле коррупциялашкан да.

2009-жылы 16-декабрда көз карандасыз журналист Геннадий Павлюк Алматыда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде колу-буту таңылган бойдон ыргытылган. Ал 6 күн ооруканада эс учуна келе албай жатып 51 жашында көз жумган. Кыргызстандын жарандык коому менен бир катар эл аралык уюмдар журналисттин өлүмүн анын кесиби менен байланыштырып, буйрутма өлүмдү уюштурган деп ал кездеги бийликти ачык айыптап чыккан.

Ибрагим Рустанбек деген каймана ат менен таанылган Геннадий Павлюк өз учурунда “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген. “Белый параход” жана “Комсомольская правда в Кыргызстане” гезиттеринин башкы редакторлук кызматтарын аркалаган. Өмүрүнүн акыркы кезинде "Ата Мекен" деген оппозициялык маанайдагы интернет басылманы чыгармакчы болуп жүргөн.

Энергетиканы бир айда өзгөртүшөбү?

Өкмөттүк жыйында энергетиканын абалы талкууланып, коомчулукта буга чейин айтылып келаткан коррупциялык схемалардын айланасында сөз жүрдү.

Айрым серепчилер энергетика тармагында коррупция кадимкидей эле уланып жатканын айтууда.


"Ширшовдун схемасын" ким талкалайт?

Коррупциялык иштер алгач электр энергиясын экспорттоодо арзандатылган баада, ортомчу фирмалар аркылуу ишке ашырылып келген. Аскарбек Шадиев

Жыйында негизги баяндаманы жасаган энергетика министри Аскарбек Шадиев "Ширшовдун схемасы" аталган коррупциялык аракеттер ашкереленип жатканын маалымдады.

Министрдин айтымында, көмүскө акча жасоо аракеттери Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясын коңшу өлкөлөргө сатуудан баштап, отун-энергетикалык тармакта кеңири колдонулуп, мамлекеттик казынага ири суммада зыян келген. Мындан түшкөн каражатка азганактай адамдар гана туйтунуп турган:

- Коррупциялык иштер алгач электр энергиясын экспорттоодо арзандатылган баада, ортомчу фирмалар аркылуу ишке ашырылып келген. Мисалга, мындан мурунку жылдарда Орусияга 1 кВ саат электр 0,5 цент, Казакстанга 0,9-0,2 цент, 2007-жылы Токтогул ГЭСинде суунун аздыгына карабастан Өзбекстанга 1,1 центке сатылган. Муну менен электр түйүндөрүнө өтө чоң зыян келтирилген. Азыр электр энергиясы Казакстанга 1 кВ саат 2,8 центтен, Өзбекстанга 3,37 центтен сатылып жатат.

Министрдин маалыматына караганда, коррупциялык схемалар Бишкектеги жылуулук электр борборуна көмүр сатып алууда, «Камбар-Ата» ГЭСин жана «Датка» подстанциясын курууда, «Кыргыз Газ» ишканасына газ импорттоoдо пайдаланылган.

Аскарбек Шадиев энергетика тармагындагы коррупциялык схемалардын бети ачылганын айтканы менен бул схеманын бир да авторун атаган жок. Тек гана "Ширшовдун схемасына" тиешеси бар адамдар укук коргоо органдарына түшүндүрмө берип жатканын кыстарды.


Өкмөт башчы өзгөрүүгө бир ай берди

Министр энергетика тармагындагы бүгүнкү оор кылдаал көп жылдан берки ыплас аракеттерден көрүп жатканда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов энергетикадагы көйгөйдүн баарын мурдагы бийлик учурундагы коррупциялык иштерге байлаганын министрдин жоопкерчиликтен кутулуу аракети катары баалады. Бабановдун пикиринде, азыркы энергетика министринин реформа жасоого болгон аракети чабал:

- Мындай шылтоолор тамсилге айланып бара жатат. Мен энергетиканы билгенден тартып эле, Ширшовдун схемасы, ал-бул деп келе жатасыңар. Сиз жаңы эле айтып өткөн нерселер мурдатан айтылып келе жатат. Энергетикада өзгөрүүлөрдү элибиз сезгендей иш алпарышыбыз керек. Ошон үчүн кыскартууларды жүргүзүп, чыныгы реформа жасайлы деп жатпайбызбы. Сиздин сөзүңүздө акча тартып келиш керек, кубаттуулукту күчөтүү керек деген гана нерселерди байкадым. Ал эми иш жүзүндөгү реформалар кайда?
Акыркы учурдагы энергетикалык кризис да дал ушул схеманын иштеп жатканынын айныксыз далили. Чын-чынына келгенде коррупциялык схемалардын чети да оюула элек.
Расул Умбеталиев

Ошондой эле Өмүрбек Бабанов энергетика тармагындагы ишти ыраатташтырып, коррупциялык аракеттерге бөгөт коюу чаралары күчөтүлө турганын билдирди. Бул үчүн Энергетика министрлигинин иши Финансы полиция тарабынан текшерилип чыгат.

Декабрь айында өлкө боюнча электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашын министрликтин кышка толук камданбаганынан көргөн өкмөт башчысы министр Аскарбек Шадиевге сөгүш жарыялап, «Түндүк электр» ишканасынын жетекчиси Нурлан Кайдуев менен техникалык директору Кубанычбек Турдубаевди жумуштан алууну сунуш кылды.

Көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, энергетика тармагындагы көмүскө акча жасоо аракети азыр да уланууда:

-Чын-чынына келгенде коррупциялык схемалардын чети да оюла элек. Буга каршы чечкиндүү бир да кадам жасалганын көрө элекмин. Мурун биз 0,6 центтен электр энергиясын экспорт кылчубуз, азыр 2.8ге жеткирдик деп айтып жатышпайбы. А бирок өз жарандарыбызга 3,5 центтен сата баштадык. Мунун баары эле ушул коррупциялык иштердин уланып жатканын көрсөтүп жатпайбы.

Өкмөт башчы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу планын иштеп чыгууну министрликке тапшырды жана ага бир ай убакыт берди.

Freedom House: 2011 - үмүттүн жылы

Freedom House түзгөн эркиндиктин картасы. 19-январь, 2012.

Былтыр жаз айларында Араб өлкөлөрүн тербеткен элдик толкундоолор репрессиячыл бийлик астында жашаган адамдарды авторитардык режимдерге каршы көтөрүлгөнгө шыктандырды.

Мындай тыянак дүйнө өлкөлөрүндөгү эркиндиктин абалы жөнүндө демократиячыл Фридом Хаус уюму жарыялаган жылдык баяндамада айтылат. Изилдөөдө кийинки алты жылда адамдардын саясий жана жарандык укуктары тепселген өлкөлөр көбөйгөнү белгиленет. Же 26 өлкөдө эркиндик абалы осолдоп, 12 өлкөдө гана жакшырган.
Себеби бул - дин табигый өнүкпөгөн шартта ислам Өзбекстанда акырындап экстремисттик жолго түшөт дегенди түшүндүрөт.


Фридом Хаус уюмунун вице-президенти Арч Пуддингтондун айтышынча, Тунисте башталып, Египет жана башка араб өлкөлөрүнө жайылган элдик козголуш демократия өтө репрессиячыл, авторитардык өлкөлөрдө да мүмкүн экенин көрсөттү:

Арч Пуддингтон
Арч Пуддингтон
- Дүйнөнүн бир гана региону - Жакынкы Чыгышка 70-чи, 80-чи, 90-жылдары дүйнөнүн башка региондорун козголткон демократиянын толкуну таасир этпеген: азыр бул регион үчүн демократия мүмкүн болууда. Эл башкаруунун эски деспоттук жолуна мындан ары ынана албайт. Ушул негизден 2011-жылдагы окуялардан үмүтсүздүктү эмес, болочокко ишенимди көрдүк.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Фридом Хаус уюму “Дүйнөдөгү эркиндиктин абалына” 1972-жылдан бери баа берип келет. Жылдык изилдөө 196 өлкөнү жана 14 территорияны камтып, ар бир субъектиге “Эркин”, "Жарым-жартылай эркин" же “Эркин эмес” деген баа берилет. Ага ылайык, былтыр 2010-жылдагыдай 87 өлкө эркин деп бааланган.

Узак жылдар калыптанган авторитардык бийликтер оңой-олтоң алмашпасын 2011-жыл көрсөттү.

- Бир катар окуялар дүйнөдө проблемалар көп экенин шарданалады: авторитардык режимдер топтогон аброюн жогото элек, дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө демократияга болгон апатия сакталууда, авторитардык өкмөттөр бийликти кармоодо өтө амалкөй жолдорду пайдалана баштады жана алар бийликтен жеңил-желпи кулатылбайт.

Пуддингтондун бул сөзү өзгөчө Азербайжан менен Казакстанга мүнөздүү. Бул эки өлкөдө былтыр жарандардын укугу жана саясий эркиндик бир кыйла начардаган. Ошентип экс-советтик Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан адамдарда саясий жана жарандык эркиндиги жок өлкөлөрдүн тизмесине кирген. Кыргызстан, Армения, Украина, Молдова жарым-жартылай эркин. Фридом Хаустун ырасташынча, өткөн 2011-жылы Кыргызстанда адамдардын саясий эркиндиги бир аз жакшырып, жарандык эркиндик мурдагы абалында калган.

Азербайжан президенти Илхам Алиев демонстранттарга каршы аянбай күч колдонуп, оппозиция активисттерин абакка тыккан, эл аралык маалымат каражаттарын түрдүү жолдор менен нейтралдаштыруу амалын кылган; а түгүл өзүнүн үлкөн турак-жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жарандардын үйлөрүн кыйратканга чейин барган.

- Энергетикалык байлыгына таянган Алиев өзү курган системага аябай ишенип алган, - дейт А. Пуддингтон. - Алиев өз авторитаризми үчүн актануу же реформа тууралуу сөздү уккусу жок.

Бард Жанат Эсентаев Жанаөзөндө иш таштаган жумушчуларды колдоп ырдоодо. Актау шаары. 23-декабрь 2011.
Бард Жанат Эсентаев Жанаөзөндө иш таштаган жумушчуларды колдоп ырдоодо. Актау шаары. 23-декабрь 2011.
Фридом Хаустун Казакстанга былтыркыга караганда төмөн баа беришине эң оболу диний эркиндикти чектеген заңдын кабыл алынышы жана мунайчылардын декабрдагы чыгууларын кан төгүп
басуу негиз болгон. Ага карабай, Пуддингтондун айтымында, Батыш Назарбаевге дале сый мамиле жасайт:

- Назарбаев Батыштын сындоолоруна үстүрт жана көбүн эсе маанисиз реформа аркылуу, реформа жасалат деген убада менен жооп берип жүрдү. Тилекке каршы, Батыш мындай убадаларды укканына маашыркап, ага ашынган авторитарчыл лидерлерге көрсөтүлбөгөн сый-урмат менен мамиле кылды.

Түркмөнстан жана Өзбекстан мурдакы жылдардагыдай эле Фридом Хаустун “эң начар” деген баасын алды. Арч Пуддингтондун айтышынча, президент Бердимухаммедов акырындап Түркмөнстанда өзүнө табынууну же өз культун орнотуп, эч кандай демократиялык өзгөрүүлөрдү жасай элек.

Батыш өзбек президенти Ислам Каримовго атаандашы Нурсултан Назарбаев сыяктуу эле өлкөлөрүнүн стратегиялык ордуна, айрыкча Ооганстандагы согушка байланыштуу астейдил мамиле жасоого арагасыз.

- Каримов стратегиялык орунда тургандыктан Кошмо Штаттар жана башка өлкөлөр аны менен эсептешүүдө. Ал мусулман террорчулар менен күрөшөм деп жатып, динди кысып салды. Албетте мындай аракети менен мыйзамдуу дин тутууну, татыктуу имамдардын жана диний лидерлердин пайда болушуна бөгөт койду. Бирок болочокто бул жолдон кайтат. Себеби бул - дин табигый өнүкпөгөн шартта ислам Өзбекстанда акырындап экстремисттик жолго түшөт дегенди түшүндүрөт, - дейт уюмдун вице-президенти Пуддингтон.

Фридом Хаустун докладында демократиянын келечегинен көптөн-көп үмүттөндүрүп жаткан Украина, Венгрия жана Түштүк Африкада саясый жана жарандык эркиндикке коркунуч жаралып жатканын жышааналаган кооптуу белгилер бар экени эскертилет.

Инвестор менен ишкерлерге бейиш түзөбүз дешет

Кыргызстан президенти инвесторлорго жана ишкерлерге бейиш түзүүнү сунуштады. Ал бейиш кандай болуш керек? Азыркы кезде бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна ушул тема коюлду.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, башкаруучу коалициянын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов жана Бишкек ишкерлер клубунун төрагасы Эрмек Ниязов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Эрмек мырза, азыркы кезде ишкерлерге эмне тоскоолдук кылып жатат? Салык жогорубу, текшерүүлөр көппү, же насыя алуу татаалбы? Мыйзамдарда тоскоолдук көппү?

Эрмек Ниязов: Бизде бизнесте канча жылдан бери кыйынчылыктар болуп келатат. Өкмөт көптөн бери "жеңилдик беребиз, бейиш кылабыз" деп айтып келатат. Бирок биз аны көргөн жокпуз.

Кыргызстан салык боюнча эң жакшы деп эсептейм. Себеби башка мамлекеттерде салык жогору болот. Бирок кээ бир салык инспекторлор келгенде адегенде сүйлөшүп, кагаздарды казып, мыйзам бузууну тапканга эле аракет кылышат. Бирок биздин Салык кодексинде "ишкерлердин пайдасына" деп жазылган. Ошону биз өкмөткө айтып турабыз, ушуну чечкиле деп.
"Мынча киши кыскартып койдук" деп эле койгону туура эмес. Конкреттүү түрүндө эмне үчүн бул инспекция керек, аны изилдеп, биз билишибиз керек.

Насыя боюнча азыркы учурда пайыздар чоң болуп атат. Биз өкмөткө "фонд ачып, бизге жакшы шарттарды түзүп берсин" деп айтып атабыз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз башкаруучу коалициядасыз, бийликтесиз. Мына ишкерлерге жеңилдик түзүү боюнча парламенттеги коалиция жана сиздер түзгөн өкмөт кандай иштерди жүргүзө баштады?

Өмүрбек Абдырахманов: Жогорку Кеңеш өкмөттү дайындадык. Биз дайындаган өкмөт сиз айткан реформаларды жасаш керек. Биздин өкмөттөгү мурунку система толугу менен коррупциялык система. Ишкерлер билет, бир лампочка орнотуш үчүн эки ай чуркаш керек. Бир уруксат алыш үчүн дагы эки ай чуркаш керек.

Толгон-токой тоскоолдуктар бар, ал эч кимге кереги жок. Аны биздин чиновниктер ойлоп тапкан. Ал барьерлерди койбосоң ишкерлер акча бербейт. Азырынча ошол коррупциялык системалар толугу менен иштеп атат, эч ким аны буза элек.

Жакында Грузиянын реформаларынын авторлорунун эң башында турган Бендукидзе "силер реформа десе эле асманды сүйлөйт экенсиңер, көп акча керек дейт экенсиңер, жөнөкөйдөн баштабайсыңарбы, адам ишке орношкондо медициналык справка сурайт экенсиңер, дарыгерге 300 сом бериш керек экен, ишти башташ үчүн ушуну алып койбойсуңарбы" деди. Ошону баары угушту, эч ким албайт.
Ишкерлер билет, бир лампочка орнотуш үчүн эки ай чуркаш керек. Бир уруксат алыш үчүн дагы эки ай чуркаш керек.

"Азаттык": Темир Сариев башында турган жумушчу топ бир катар министрликтердин ишин иликтеп, 1 миң 636 кызматкерди кыскартуу сунуштаптыр. Бирок ички иштер, Улуттук коопсуздук жана Коргоо министрликтери иликтенген эмес. Бул органдар тарабынан ишкерликке, инвесторлорго тоскоолдук барбы?

Эрмек Ниязов: Темир Сариев жаңы министр болду. Кагаз түрүндө эле көрүп атабыз, иш түрүндө көрө элекпиз. Бирок бул сигнал бизге жагып атат. Биринчи этабы деп ойлоп атам. Экинчиси, жетиштүү эмес деп эсептейм. Себеби "мынча киши кыскартып койдук" деп эле койгону туура эмес. Конкреттүү түрүндө эмне үчүн бул инспекция керек, аны изилдеп, биз билишибиз керек.

Алма багып, агарып-көгөрүү кыйын тура!

Жалалабаддык Орозбү Маматованын ар жылда түшүм берген алмасы арзан сатылгандыктан башына үй бүтпөй, батирде отурат.

Орозбү Маматова нече жылдан бери бакты өстүрүп келаткан мээнети баркталбаганына нааразы. Бакты алар кеч күз менен эрте жазда сууга кандырышат. Анткени, багбандын айтымында, талашка түшкөн булактын суусун жайкысын жарым чакырымдай жерден тартып келсе, бакты азыктандыруу, түшүмүн жыйноо да кыйла каражатты чапчыйт.

Суу жетпеген бак үчүн жергиликтүү бийлик ага сугат жер катары ижара акы төлөтөт. Анын баасы мурда төрт жарым миң болсо, былтыртан бери ал үч эсеге көбөйгөн. Ижара акысын азайтууну талап кылып, Орозбү айым эки жылдан бери тиешелүү уюмдарга даттанып келүүдө.

Ара жылда бир түшүм берген бактын алмасын бышкан кезинде эле керектөөчүлөргө текейден арзан баага сатууга аргасыз болот. Анткени анын алмалары кышка сактоого жараксыз. Ошентип жыйырма жылдан ашык убакыттан бери өстүрүп келаткан бактын тагдыры чечилбей, Орозбү айым беймаза тартууда:

- Бу бакты кичинесинен өстүрдүм. Мына жыйырма эки жыл болуп баратат, андан бери мээнетимди эч ким баалаган жок.



Алма бактан мээнети акталбаган үчүн күйөөсү менен кызы оорулуу бул аял үй да кура алган эмес. Он тоннадай жыйнаган түшүмү өзү айткандай алты сомдон сатылса, 60 миң сомго араң жетет экен. Мынча акчага үй тургузууга мүмкүн болбогондуктан ал Орусияда иштеген бирөөнүн батиринде кичүү уулу менен баш калкалайт.

- Азыр курбумдун батиринде жашайм. Алманын акчасын ижара акыга төлөйбүз, быйыл ижара акысы да 13 миң сомго чыкты. Калган акча менен балам экөөбүз кыштан чыгабыз. Үй курганга пул деле калбай калат. Госрегистр бул жер кайракы экенин так жазып берген, башкалары эки жылдан бери жазып барсам деле, суулуу жер дегенден башканы айтпай атышат. Менин жанымдагы эле башка бактын ээлери ижара акысы кыйла аз.

Анын кошунасы Үрү Зулпукарова Орозбү айымдын эмгеги менен эч ким эсептешпегенин айтууда:

- Эски үйү жыгылайын деп араң эле турат, жер пайы деле жок окшойт. Сууну адырдан алып түшөт, үч жүз-төрт жүз метр бар. Ушул бечаранын абалын көрүп туруп деле, ушуга ыйгарып койсо болот да. Быйыл алмасына курт, мите түшүп, бир жарым тонна деле болбой калды окшойт.

Алма бак талаш болуп турат. Орозбү айым менен шаардык мамлекеттик каттоо мекемеси ал жерди кайракы деп эсептесе, алма бак аймагында турган шаардын Тайгараев айыл өкмөтү аны суулуу жер деп тастыктоодо. Жалал-Абад шаар бийлигинин атайын комиссиясы бул маселени чечүү үчүн республиканын жер долбоорлоо институтуна кайрылган.

Комиссиянын мүчөсү жана шаар бийлигинин жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун айтымында, Орозбү Маматованын өтүнүчү институттун жообунан кийин шаар кеңешинде каралуусу мүмкүн.



Анткен менен мыкты алма өстүргөндөр кыйла пайда табышаары айтылууда.

Абдирасулова: Маңзатты түрмөгө ким киргизип жатат?

Азиза Абдирасулова

Абактарда видео камераларды орнотуп, уюлдук байланышка бөгөт коюу демилгелери тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ой бөлүштү.

- Соңку кездеги ачкачылык, тополоңдордон улам түрмөлөрдө уюлдук байланышка бөгөт коюучу каражаттарды, видео камераларды орнотуу талабы катуу коюлууда. Буга канчалык зарылчылык бар?

- Түрмөлөрдө видео камералар болушу керек. Бирок ал канчалык деңгээлде түрмөдөгү массалык башаламандык менен уруп-сабоолорду, мыйзамсыз аракеттерди токтото алат деген суроо коюлуп жатат. Видео камераларды ким көзөмөлгө алып, мыйзамсыз аракеттерге карата ким мыйзамдуу аракет жасай алат? Бул башка суроо. Видеолор кайра эле ошол системадагы кызматкерлердин, жетекчилердин көзөмөлүндө болуп калат.

- Кечээ Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси абакта мобилдик телефон колдонгондорду кылмыш жообуна тартуу демилгесин көтөрдү. Уюлдук телефон үчүн жоопко тартуу канчалык жөндүү?

- Бул жерде суроону жана маселенин чечүү жолун башкачараак койот элем. Жаза аткаруу мекемелери менен абактардагы адамдардын колуна ошол эле уюлдук телефон, курал, маңзаттар, доллар, башка тыюу салынган буюмдар тийип калса, абактагыларга эмес, аларды кайтарган, тартибине көзөмөл кылган кызматкерлерге кылмыш иш козгоо керек. Мына, козголбой келет.

Тинтүү убагында тыюу салынган буюмдар, маңзаттар, бычактар чыкты деп айтышат. Биз таң калабыз, бул буюмдар абакка кантип кирип жатат? Ким жооп бериши керек? Ал үчүн буюмдар колунан чыккан адамдар эмес, ошол түрмөнү кайтарган, тартипке түздөн-түз жооптуу адамдардын үстүнөн кылмыш иши козголо турган берене кабыл алышы керек. Мен ушул жагын колдойм.

- Жалпы эле абактарда уюлдук байланышка тыюу салуу же байланышка бөгөт коюучу аппаратты орнотуу маселеси кайсы бир мыйзамда каралганбы?

- Видео камераларды орнотууга менин каршылыгым жок. Ал эми уюлдук телефон боюнча өзүмдүн жеке пикиримди билдиргим келет. Эгерде уюлдук телефон менен сыртка байланышууга тыюу сала турган болсо, мамлекет камактагылар менен алардын туугандарына жок дегенде бир жумада бирден кем эмес, 10 мүнөттүк байланышка чыгып турушуна мүмкүнчүлүк түзүү керек.

Абактарга, убактылуу кармоочу жайларга телефондорду орнотуп, абактагыларга туугандары менен көзөмөл астында болсо да байланышканга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Дары-дармек керек болуп калабы? Адвокат керек болобу? Же кандайдыр бир маалымат берүүгө туура келеби? Бул боюнча туугандары менен сүйлөшүп турганга мамлекет шарт түзүп берүүгө тийиш.

Мисалы, мен Түркиянын Анталия жана Конья шаарларындагы түрмөлөрүн көрүп чыктым. Ал жерде атайын телефон аппараттары орнотулуп, абактагы адам менен туугандары калың айнектин эки тарабына келип, телефон аркылуу 10 мүнөт сүйлөшөт экен.

Көзөмөл алдында болсо да, тууган-уруктарынын ал-акыбалын сураганга мүмкүнчүлүк бар экен. Алар бир аптада бир жолу сүйлөшүп турушат экен. Макул, ошондой аппараттарды орнотуп коюшсун. Ошондо мамлекет тарабынан адамдын укугу сакталган болот.

- Маегиңизге рахмат.

Басма сөз: Кытай Ала-Тоо аркылуу Европага чыгабы?

Бүгүн жарык көргөн гезиттерде бийлик бутактарындагы жасалып жаткан иштер, кадр саясаты сынга алынып, жаштардын жакшылыкка умтулуп бараткандыгы тууралуу сөз болот.

“Айат” гезити кыргыздын эркин журналистикасына негиз салгандардын бири, таланттуу журналист, коомдук ишмер, саясатчы Мелис Эшимкановдун атын өчүрбөй сактап жүрүү үчүн журналисттер арасында жылына бир жолу ыйгарыла турган Мелис Эшимканов атындагы сыйлык уюштургандыгын бүгүнкү санында жар салды.

Сыйлыкка республиканын 18 жаштан 35 жашка чейинки жазгыч журналисттери катыша алышат. Жылдын аягында 9 кишиден турган комиссия сынактын жеңүүчүсүн аныктайт. Жеңип чыккан журналистке 50 миң сом, күбөлүгү жана Мелистин элеси түшүрүлгөн төш белгиси кошо тапшырылат. Ошону менен бирге эле жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин жаза билген жана мыкты окуган 5 студентине бир жолу бериле турган Мелис Эшимканов атындагы 5 стипендия да белгиленди.

Ушул эле санда Стамбул шаарында өткөн “Евразия жылдызы” аттуу Эл аралык музыкалык сынактын финалында жеңүүчү болуп дүйнөнү дүңгүрөткөн Гүлжигит Калыков атбашылык болорун, анын балалык чагы кандай өткөнүн Гүлжигиттин атасы Касейин Калыков менен апасы Майраш Молдобаева кабарчынын суроолоруна берген жоопторунда айтып беришти.

Ошону менен бирге сиздер “Айат” гезитинин бүгүнкү санынан депутат Эркингүл Иманкожоеванын “Келдибеков өч алуу маселесин карап атса керек” деген, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин “Вице-спикерлердин баары оппозициядан болсо, Конституциянын маңызына каршы келет” деген, депутат Садыр Жапаровдун “Чөнтөк соттор өтпөй калып, сот реформасын токтотушту” деген маектерин жана башка макалаларды окуй аласыздар.

“Де-факто” гезити “Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу кыргыздарга эмне берет?” деген баштеманын алдында макала жарыялап, үч өлкөнү бириктирген бул темир жолду куруу идеясы 1966-жылы Кытай тараптан чыкканын, аталган темир жол Өзбекстанга үчүн да, Кыргызстан үчүн да маанилүү экендигин белгилеп, темир жолдун Кыргызстандан өтө турган каттамынын картасын жарыялады.

Курула турган темир жол Кытайдын Кашкар шаарынан башталып, чек араны Торугарт аркылуу кесип өтүп, андан Түзбелди ашып, Арпа өрөөнүндөгү Арпа дарыясын бойлоп отуруп туннелдер аркылуу Фергана аймагына өтүп, Өзгөн шаарынын жаны менен барып Кара-Суу шаары аркылуу Өзбектандын темир жол түйүндөрүнө барып кошулмакчы.

Жол 5-6 жылда курулуп бүтөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд. доллар чыгымдалат. Эми бул боюнча айрым жарандардын пикирин угалы.

Ишкер Эмил Өмүракунов: Экономикалык жагынан алганда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу пайдалуу. Биздин өлкө мындан жылына эле 200 млн. доллар киреше табат. Бирок зыяндуу жагы да бар. Кытай тарап темир жолду курган соң анын акысына бизден көмүр, аллюминий, ж.б. сырьелорду ташып кетет,-деп,

Депутат Абдрахман Маматалиев: Өтө керек. Биринчиден, өлкө ичиндеги бардык райондорду бириктирген жол пайда болот. Транспорттук көз карандысыздыктан арылабыз. Жүк, эл ташууда арзан, коопсуз транспорт пайда болот. Ал эми Кытай үчүн мааниси өтө чоң. Бээжинден Парижге чейинки аралык 1000 километрге кыскарат экен,-деп,

Коомдук ишмер Султан Урманаев: Бул темир жолду курууда Кытайдын кызыкчылыгы өтө чоң. Европага чыгуу мүмкүнчүлүгүн алат. Кыргызстанга пайдасы канчалык экени мен үчүн белгисиз. Албетте стратегиялык, саясый мааниси чоң, бирок темир жол Кыргызстанга экономикалык пайда алып келгидей болуш керек да,-деп жооп берди.

Ушул эле санда журналист Айгүл Бакееванын “Памирлик кыргыздар кырылып атат, тез арада көчүрүп келүү керек!” деген, профессор Кубат Осмонбетовдун “Алтын чайкоонун тарыхы жана бүгүнү” деген, Семетей Талас уулунун “Карышкырды кан жуткурган Катани, даяр олжого ок чыгарган Максим, балык үчүн Балхашка кирип кеткен Ширшов” деген макалалары жана башкалар бар.

“Айгай пресс” гезити “Бийлик+популизм” деген рубриканын алдында баяндамачы Жолдошбек Токоевдин “Жол ачкыла, аяк бошоторлор “келатат!” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Макалада бийликтеги кадрдык кыскартуулар сынга алынды.

Гезит “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариевдин чакан маегине окурмандардын көңүлүн бурду. Осунбек мырза Мурат Суталиновдун соту адвокаты келбей калды делип 21-январга жылдырылганын, кечээ эле жасалма сакал тагынып, Жалал-Абадда жашынып жүргөн жеринен кармалып 7 жылга соттолду деген Акмат Бакиев боштондукка чыкканына түшүнө албай турганын белгиледи. Ал бул боюнча прокуратура көрүп туруп көрмөксөнгө салганын, эгер жогору жактан көрсөтмө болбогондо мынчалык жеңилдикти сот деле жасай алмак эместигин, анткени Бакиев Акмат сыяктуу эле 7 жылга кесилген, бирок Акмат Бакиевдикинен жеңил жаза менин кесилгендер эч кандай мунапыска туура келбей-этпей эле жазаларын өтөп жатканын, анан эмне үчүн Бакиев мунапыска туура келип калганын эч ким түшүнө албай жатканын айтты.

Акырында “Мекен шейиттеринин” төрагасы 7-апрелдеги кандуу окуяны бийлик унутса да эл унута электигин, бүгүн балдарын, жарын жоготкондор: “Биз ишенген бийлик кайра тигилер менен колтукташып алды. Акыры бул жакшылыкка алып барбайт” деп жатканына токтолуп: “Жок дегенде кан төккөндөрдүн бирөө соттолдубу? Жаңы келечек үчүн, ошол кездеги авторитардык бийликке каршы көтөрүлүп, ошол бийликтин огунан курман болгон 90дон ашуун азаматтардын кырчынында кыйылган өмүрү үчүн ким жооп берет? Элдин кыжыры улам кайнап барат” деп айтты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы иш сапарын баяндаган “Азаматсың, Алмаз” деген макала да ушул санда.

“Айгай пресс” гезитиндеги Камбарбек Жылкыайдаровдун каты Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Шамил Атахановго багышталды. Анда Кубанычбек Тезекбаевга каршы “Диний араздашууга чакырык жасаган” деген айып менен козголгон кылмыш иши натуура экендигин, Тезекбаев болгону илгери ветврач болуп жүрүп кийин молдо, ажы болуп жүргөн Өзбек Чотонов жана Турусбек Сагынаев менен көз караштары боюнча кер-мур айтыша кеткенин эске салды.

“Урматтуу Шамил аксакал! Сиз жетектеген кызмат К. Тезекбаевге иш козгоп, кыргызды кыргызга жек көрүүнү күчөтүп жатат. Манасты туу туткандар эми сизди, ислам динин ашыкча, обу жок колдонгондорду жек көрө башташат. Кыргыздын өз маданияты, салт-санаасы, үрп- адаты бар үчүн улут. Биз араб эли эмеспиз. Өзүбүздүн салт-санаабызды унутуп, башка элдердин маданиятын ашыкча колдоно берсек анда улут экенибиз кайсы? Сиздин кол алдыңызда деги бир нерсени ажырата билген бирөө барбы? Иш козгоордон мурда маселенин чоо-жайын түшүнө билиш керек эмеспи?” деп жазылган.

“Айгай пресс” гезитинин бул санына “Кыргызстандын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин аракеттеринин баары өзүнчө казино болуп калганбы?” деген макала да жарык көрдү.

Жалгыз тамы барлар банктан насыя алалбай калабы?

Кыргызстандын Банктар союзу Жарандык кодекске жана “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан жаңы өзгөртүүлөргө тынчсызданууда.

Банктардын башын кошкон бул уюмдун айтымында, эгер мыйзам долбоору сунуш кылынган редакцияда жактырылса, жалгыз үйлүү кардарларга банктар такыр эле насыя бербей калат. Парламент өкүлдөрү талаштуу мыйзам долбоору утурумдук көйгөйдү чечүү аракетинде жаралганын билдирүүдө.

Бизнес чөйрөнүн бир нече ассоциациясы президенттин, премьер-министрдин жана парламент төрагасынын дарегине апта башында жолдогон кайрылуусунда Банктар союзунун Жарандык кодекс менен “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүү жана толуктоолорго кабатырлануусу камтылган.

Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, парламенттин кароосундагы сунуштар банкка коюлган күрөөнү сотсуз алуу тартибин тумалак жоюп, менчигинде бир эле турак-жайы бар кардардын күрөөгө коюлган мүлкүн алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарат:

- Биздин өлкөдө калктын басымдуу бөлүгүнүн жалгыз сандагы гана турак-жайы бар, же жок. Эгер банктарда кооптонуу жаралса, биздин жарандар кантип насыя ала алышат? Анткени тобокелчилик көбөйүүдө. Жарандык кодекстин кээ бир беренелерине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жалгыз турак-жайы бар кардардын күрөөгө коюлган мүлкүн каржы-кредит мекемелери ала албайт. Бул эмнеге алып келет? Мындай шартта биздин өкмөттүн ипотекалык кредиттөөнү, биринчи кезекте социалдык ипотеканы өнүктүрүү боюнча жарыялаган мамлекеттик программасынын өзү суроо астында калууда. Ал жерде да жалгыз үй жөнүндө сөз жүрүп жатат да.

Абдраев Кыргызстан учурунда “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамды бери дегенде он жыл кечигип кабыл алганын кошумчалады. 2005-жылдан бери иштеп келген мыйзамда насыясын кайтара албай калган кардардын күрөөгө коюлган мүлкүн сотсуз алуу эрежеси каралса да, ал башка мыйзамдарга кайчы келгендиктен, аны иш жүзүнө ашыруу абдан эле татаал.

Анвар Абдраевдин ырастоосунда, эми сунуш кылынган түзөтүүлөр кабыл алынса, бул банктардын жалгыз үйлүү кардарга насыя берүүдөн баш тартышына алып барбастан, банк секторунун өнүгүшүнө да терс таасирин тийгизет:

- Мен муну олуттуу артка кетүү деп эсептейм. Бул кредиттик ресурстун биздин жарандарга жеткиликтүүлүгүн гана начарлатпастан, каржы секторуна инвесторлордун кызыгуусун басаңдатат, биздин банк сектору менен байланышы бар инвесторлордун келишине кедергисин тийгизет.

Жогорку Кеңештеги “Республика” партиясынан депутат Мирланбек Бакиров - Жарандык кодекске жана “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгечилердин бири. Банктар союзу каршы чыккан документ өлкөдөгү утурумдук көйгөйдү жөндөө аракетинен улам жаралганын айтты:

- Бул мыйзам долбоору каяктан чыкты? 2010-жылдын апрель-июнь окуяларында жабыркаган ишкерлер, банктан, микрокаржы уюмдарынан насыя алгандар парламент алдында митингге жыйналып, өз талаптарын койгондон кийин чыккан мыйзам долбоору. Жашап жаткан жалгыз менчик үйү күрөөдө турса, “банк тарабынан алынбасын, бир жыл болобу, эки жыл болобу бизге мөөнөт берсин, биз төлөйбүз” деген шайлоочулардын, жабыркаган (апрель-июнь окуяларында) жарандардын талабынан келип чыккан мыйзам.

Ошону менен катар Мирлан Бакиров утурумдук көйгөйдү чечүүнү көздөгөн талаштуу мыйзам парламенттин комитеттеринде биринчи окуудан гана өткөнүн, али талкууну талап кыларын белгилеп, ал банктардын жалгыз үйлүү жарандарга насыя беришин татаалдаштырарын моюнга алды.
Биздин өлкөдө калктын басымдуу бөлүгүнүн жалгыз сандагы гана турак-жайы бар, же жок. Эгер банктарда кооптонуу жаралса, биздин жарандар кантип насыя ала алышат?

Ал эми Банктар союзу апрель-июнь окуяларында жабыркагандардын көйгөйүн жалпы банк секторунун ишине таасирин тийгизүүчү мыйзам эмес, карыз берген жана алган тараптын өз ара мунаса табуусу, меморандумга кол коюшу менен чечүүгө чакырууда.

Кыргызстан коомчулугунда банктык кредиттердин үстөк пайызынын жогору болгонуна байланышкан нааразы маанай бар. Банк секторунун өкүлдөрү болсо үстөк пайыздар төмөндөшүнө өбөлгө түзүлө электигин айтып келишет.

Өлкөдө банктардыкына салыштырмалуу үстөк пайызы жогору экендигине карабай микрокаржы уюмдарынан насыя алган жеке адамдардын саны улам өсүп бара жатканы менен кредиттин көлөмү жагынан коммерциялык банктар алдыда.

Улуттук банктын эсебинде, маселен, өткөн жылдын тогуз айынын жыйынтыгында коммерциялык банктардын кардарлар колундагы насыясынын көлөмү 30 миллиард сомду, орточо үстөгү 20 пайызды түзгөн. Мунун 2,8 миллиард сомго жакыны ипотекалык насыя болгон. Ал эми микрокаржы уюмдары, Улуттук статкомитеттин эсебинде, өткөн жылдын тогуз айында жеке адамдарга 16,5 миллиард сомго жакын насыя ажыратышкан.

Эне тил

“Чего-то хотелось: не то конституции, не то севрюжины с хреном…”
М.Салтыков-Щедрин

А. Эcтон эмес, лит эмес

1
Эстон эмес, лит эмес,
Кыйын болду бу элге.
Тилин расмий тил менен
Дуушар кылып дуэлге.

2
Баш мыйзамдын талаасын
Башчылары тандашып,
Дөнөнбайдын баласын
Ширин менен алдашып,
Пушкин тили пушкасын
Сүйрөп чыкты талаага.
Ак бараңдан ң өчүп,
Элди салды санаага.

3
Октоп алып пушканы,
Ачкал атса – перелёт,
Оңдоп алып мушканы,
Булар атса – недолёт,
Таңдын көрү, «Манаста»
Буйтап учуп, жайлаган,
Болсо кана вертолёт?!

4
Калыс болгон эч ким жок.
Кайнап моча, күйдүк чок.
Аскариддер акбыз дейт,
Атаны кокуй, дүйнө бок!

5
Сенин атаң Дөнөнбай,
Сенин атаң Дөнөнбай!
Кагылайын, каралдым,
Калсак болмок жаралбай!

6
Ирасы көп хакастын,
Ширини көп Таластын,
Осуяты ушунча
Орус беле Манастын?!

Түшүнбөсөм - мен жаман,
Түйтөңдөсөң - сен жаман.
Түпкүсүндө - кыргызча
Сига болгон хрен жаман.


Б. Үч тил үйрөн дегендерге

Оң канатты орус тил,
Сол канатты англис тил,
Кылсам деле - учалбай,
Үндүк бойдон жүрүмүн,
Куйрук болуп кыргыз тил.

Үү Өө Миң (U Ming),
«Азаттыктын» окурманы

Бий падышасы болууну самаган Фарух

Фарух Садыркулов "Дон Кихот" балетинин репетициясында. А. Ваганова атындагы орус балет академиясы, 2011-жыл

Фарух Садыркулов дүйнөдөгү эң эски бий мектептеринин бири - Агриппина Ваганова атындагы орус балет академиясында окуйт. Беш эл аралык конкурстун лауреаты.


Фарух өткөн жылы эле Сеул жана Донецк шаарларында болгон конкурстарда III орунду жеңди. Эки ирет хореографиялык окуу жайлар арасында Алматыда болгон сынакта биринчи сыйылыкты, Омск менен Новосибирск шаарларында жеңүүчү, дагы эки жолу дипломант болгон.
Чынын айтсам, уулдарымдын менин кесибимди тандашын каалаган эмесмин. Себеби балет канчалык кыйын экенин түшүнүп калгам.
Досмат Садыркулов

17 жаштагы Фарух балетти кичинеcинен атасын ээрчип театрга барып жүрүп, сүйүп калган экен.

“Атам кичинекей кезимден эле өз бийлерин көрсөтүү үчүн мени театрга алып барчу. Ошон үчүн кичинекейимден атамды ээрчип Опера жана балет театрына барып жүрүп балетти жакшы көрүп калдым окшойт. Чоң байкем Атабек Алматыдагы балет окуу жайын бүтүп, азыр театрда атам менен чогуу бийлейт”, - деди Фарух.

Фарух Садыркулов Новосибирск шаарындагы конкурста Корсарды бийлөөдө. Россия. Май 2009
Фарух Садыркулов Новосибирск шаарындагы конкурста Корсарды бийлөөдө. Россия. Май 2009
Фарухтун атасы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти Досмат Садыркулов да Санкт-Петербургдагы Балет академиясын бүткөн. Эмгек сиңирген артисттин айтышынча, кенже уулу Фарух өжөрлөнүп жатып балет мектебине барган.

Байкеси Атабек ал кезде Бишкектеги хореографиялык окуу жайда окуучу. Фарух 3-классты бүткөндө "Мен балетке барамбы же барбаймынбы?", деп сурады. "Жок, барбайсың", дедим. Атабекти да балетке бергибиз келген эмес. Эгер Фарух балетке барбаса, №4 мектепке барбасын айтты. Айла жок макул болдум. Чынын айтсам, уулдарымдын менин кесибимди тандашын каалаган эмесмин. Себеби балет канчалык кыйын экенин түшүнүп калгам”, - дейт Д. Садыркулов.




please wait

No media source currently available

0:00 0:11:53 0:00
Түз линк
(Музыкалуу баянды бул жерден угуңуз)

Фарух романтикалык-мифологиялык балеттин фанаты. Ошон үчүн түрдүү конкурстарга катышканда “Дон Кихот”, “Диана жана Актеон”, “Корсар”, “Париждин жалыны” сыяктуу балеттердеги каармандарды бийлеген.

“Менин жакшы көргөн спектаклдерим: “Дон-Кихот” (музыкасы Минкустуку, хореографиясы Петипаныкы), “Корсар” (Адам жана Жюль Перо), “Париждин жалыны” (композитор Борис Асафьев, хореографиясы Вайнонендики ), “Диана жана Актеон” (Цезарь Пуни жана Агриппина Ваганованын хореографиясы). Менин техникама ушул балеттер жарашат. Ошон үчүн мен бул балеттердин фанатымын. Конкурстарга катышканда да ушул спектаклдерден үзүндүлөрдү аткарам.”

А. Ваганова атындагы балет академиясындагы репетицияда. Фарух жана Алишер. 2011-жыл
А. Ваганова атындагы балет академиясындагы репетицияда. Фарух жана Алишер. 2011-жыл
Фарухтун боюу өзү айткандай, анча чоң эмес болгондуктан, бийди техникалык жактан кынтыксыз аткарганга умтулат. Кабриоль же абада учуп баратып, буттарын тез-тез кайчылаштыра бийлеген анын сүйгөн техникасы. Былтыр Сеулда болгон VIII эл аралык балет конкурсунда ага үчүнчү орунду ыйгарган жюри мүчөлөрү да Фарухтун мына ушул чеберчилигин баалашкан. “Сеулдагы конкурста өзүм жакшы көргөн төрт бийдин вариациясын жана бир заманбап-модерн бийди аткардым. Боюм да кичине го... Ошон үчүн секирип аткарган бийлерди чоң техника менен аткарып, жеңишке жеткем. 1-2-орундарды кытайлар алган”.

Фарух чоң эл аралык сахнага алгач 2009-жылы февралда Берлиндеги конкурста чыгып, “Коппелия” жана “Жизел” балеттеринен вариацияларды бийлеген. "2009-жылы майда Новосибирск шаарында болгон Дүйнө элдер бийинин V эл аралык конкурсунда кандай бийлөө керек экенин билип калгам, ошондо биринчи орунду жеңгем", - дейт жаш бийчи. Ошол эле Фарухтун Донецкиде алган үчүнчү оруну биринчи орунга тете десе болот. Бул эл аралык сынакта ага Сеулдагыдай эле 500 доллар нак тапшырылган.

Фарухтун акыркы 4 жылдагы ийгилиги - атасынын үмүт менен койгон атын толук актайт деген илгери тилекке жетелейт. Досмат Садыркулов уулун эмне үчүн Фарух деп атаган?

Түштүк Корея. Балет артистеринин V эл аралык конкурсунда Фарухка үчүнчү орунду жеңгени тууралуу диплом тапшырылууда. Сеул. Июль 2011
Түштүк Корея. Балет артистеринин V эл аралык конкурсунда Фарухка үчүнчү орунду жеңгени тууралуу диплом тапшырылууда. Сеул. Июль 2011
Мен Ленинградда окуп жүргөндө Мариинск (мурдакы Киров) театрында Фарух Рузиматов деген чоң бийчи бар эле. Ал менин кумирим болчу. Алиге аны аябай пир тутам. Биринчи уулумдун ысмын да Фарух койгом. Бирок айылдан апам келип “Элдик салтты бузба. Биринчи балаңды биз аташыбыз керек”,- деп, тун уулумдун аты Атабек болуп калган. Ошого экинчи уулум төрөлөр замат туугандар келгенче эле шашып-бушуп, Фарух деп ат коюп алганбыз”, -дейт Республиканын эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов.

Айтмакчы, улуу Садыркулов азыр Бишкекте коюлуп жаткан “Алай канышасы - Курманжан датка” балетинде Алымбек датканын, а Атабек Садыркулов Камчыбектин ролун бийлейт.

Түбү ташкендик тажик Фарух Рузиматов 1981-2007-жылдары дүйнөдөгү мыкты опера жана балет театрларынын бири эсептелген Мариинск театрында негизги ролдорду бийлейт. Андан соң эки жыл Санкт-Петербургдун Михайловский театрынын балет боюнча көркөм жетекчиси катары көрөрмандар жана адистер арасында жогору бааланган бештен ашык спектаклди койгон. Ал чет өлкөлөрдүн айрым атактуу театрларында да бийлеген. Фарух Рузиматовту АКШнын басылмалары “кылымдын алтын бийчиси” деп жазышса, англичандар аны “Бийчи леопард” деп аташкан.

Кыргыз уланы Фарух да болочокто Санкт-Петербургдун же Лондондун атактуу театрларында бийлегенди каалайт. Ал үчүн Фарух окуу программасына ылайык күнүгө кеминде 5 сааттан, ал эми репетиция күндөрү 10-11 сааттан бийдин элементтерин кайра-кайра ийине келтирет. Санкт-Петербургдун театрларында жаш бийчилерге да талап чоң.

Фарух Ваганов академиясына келип киргенче Алматыдагы А.В.Селезнов атындагы хореографиялык окуу жайда билим алат. Ал Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы окуу жайдан кетип калуу жөнүн мындай түшүндүрдү: “Бишкекте стимул жок. Окутуучулар көбүнчө аялдар. Бийге да саат аз бөлүнгөн. Вариация деген жок. Предметтер орто мектептердей эле жалпы билим берүүгө багытталган. Эркек педагогдор жок. Ошон үчүн мен Алматыга кетип калгам.”

Ваганов академиясы дүйнөдөгү башка балет мектептеринен эмнеси менен айырмаланат?

Атактуу Бүбүсара Бейшеналиева бийлөөдө. Датасы белгисиз.
Атактуу Бүбүсара Бейшеналиева бийлөөдө. Датасы белгисиз.
Бул суроодо эки учурду эске тутуу керек. Нью-Йорктун же Лондондун балет мектептери өздөрүнүн пайдубалын курууда дал ушул Ваганов академиясына милдеттүү. Себеби ал мектептерди Ваганов академиясынын бүтүрүүчүлөрү же анда окуп кеткен адамдар негиздешкен. Балеттин тили универсалдуу болгону менен Ваганов академиясынын методикасы башка окуу жайлардыкынан өзгөчө. Анткени Орусияда балет бийчилерин даярдоо системасы эки жарым кылымдан ашык убакыт мурда түптөлгөндүктөн, окутуунун калыптанган өзгөчө жолу бар. Биздин метод кандайдыр бир деңгээлде балеттин француз мектебине жакын. Ошентсе да өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгү балетке өз таасирин тийгизет. Ошон үчүн балетти окутуунун жолу да ар башка”, дейт Академиянын окуу жана усулдук иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты Алексей Фомкин.

Фарух болсо аларга мыкты педагогдор таалим-тарбия берерин, эркек педагогдор академияда көп экенин сыймыктана белгиледи.

А.Ваганова атындагы орус балет академиясында экс-советтик кээ бир республикалардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары өкмөт аралык келишимге ылайык бекер окушат. Ал эми башка өлкөлөрдөн келген студенттер 9 айлык атайын курстан өтүү үчүн кеминде 15 миң доллар төлөшөт. Өкүнүчкө карай, бир жылдары кыргыз балетинин Бүбүсайра Бейшеналиева, Рейна Чокоева башындагы жылдыздары тарбияланган бул академияда азыр Фарух Садыркулов менен чогуу төрт гана кыргызстандык студент билим алууда.

Тургуналиев: Түрмөдө бийлик бекемделе элек

№1 абактагы жаңжал парламенттин деңгээлине чейин көтөрүлүп, тиешелүү расмий тараптар абак жайлардагы кырдаалдын курчуш себептери жана аны жөнгө салуунун жолдорун издеп жатат. Чынында эле мындай кырдаалдын жаралышына эмне түрткү болду жана андан кантип чыгуу керек? "Азаттык" коомдук жана саясий ишмер, 3 ирет абийир туткуну макамы берилген Топчубек Тургуналиевге кайрылды.

Топчубек Тургуналиев: Биринчиден, Кыргызстанда көп нерсе али туура жолго түшө элек, чыныгы демократиялык мамлекетти биз кура элекпиз.

Түрмө мекемелериндеги шарттар орто кылымдагы шарттардан көп деле айырмаланбайт, бири да эл аралык эрежелерге туура келбейт. Адамдын ар-намысын, касиетин сактоо үчүн шарт жок, адамдардын дегеле укугу жоктой мамиле үстөмдүк кылат. Түрмөлөрдөгү жылдын аягындагы козголоң, андан мурдагы нечен нааразычылыктар ошонун далили болот.

"Азаттык": Албетте сиз социалдык жагын айтып атасыз. Ошол эле мезгилде "кылмыш дүйнөсүнүн Көлбаев өңдүү төбөлдөрүнүн айтканы менен чыгып жатышат" деген да пикирлер айтылып жатпайбы.

Сиз, көпчүлүк билет, 16 жылга чейин эркиңизден ажыратылып, миң күндөн ашык абакта отурган адамсыз, бул проблеманы ичинен билесиз. Чын эле ошондой кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү таасир этчү күчкө ээби, ушундай пикирге ишенсе болобу? Же болбосо жаза аткаруу мекеме башкармасы Байзаков бир топ жетекчилерди кызматтан алды деп атат, ошол жетекчилер уюштуруп атат деген да сөз чыгып атат. Ушул эки аргументтин кайсынысы сизди ынандырат?

Тургуналиев: Мен түрмөлөрдүн 12 түрүн көрдүм, 1384 күн жаттым. Дегеле Кыргызстанда уюшулган кылмыштын эки түрү бар. Бийлик айтып аткан уюшкан кылмыш деген бар, Камчы Көлбаев жана башкалар. Биздин жетекчилердин далайы эң чоң уюшкан кылмыш - мафия менен байланышкан. Мисалы, түрмө мекемелерине баңгизат эки жол менен кирет. Мен аны ичинен билем, тонналаган баңги, бир граммы 50-60ка бөлүнөт, аны «ляп» деп койот, ар бири бирден укол болот. Биринчи жылы ошондой бир уколдун баасы 50 сом эле, азыр эки эсеге көбөйүптүр. Бул миллиондогон, миллиарддаган акча деген сөз.

Түрмөгө эки жол менен кирет. Биринчиси, кылмыш дүйнөсүнүн адамдарынын "общак" аркылуу кирет. Экинчиси, бийликтеги уюшулган кылмыштуулардын жолу бар, ошол аркылуу кирет. Аларды кээде түрмөнүн кожоюнунун бир орун басары ачыктан-ачык дайыма тейлеп турат. Бул эч кимге жашыруун нерсе эмес. Ошондуктан муну ачык айтуу керек.

Мен жакында президент менен жолуктум, ал киши чечкиндүү кадам жасайм деп атат, айрыкча коррупция жаатында. Ылайым эле ошондой болсун. Себеби түрмөлөрдө 100 кишинин 99у майда-чүйдө кылмыш кылгандар отурат.

"Азаттык": Азыр ушул учурда бардык түрмөлөрдө ачкачылык акциясы кайра башталды деген маалымат божомол айтылып атат. Кылмыш төбөлдөрү бир эле учурда СМС аркылуу козголоң чыгарып, же болбосо ачкачылык жарыялап койгонго күчү жетет деп атат. Чын эле ачкачылык социалдык теңсиздиктен улам чыгып атабы, же кимдир бирөөнүн тапшырмасы аткарылып атабы?

Тургуналиев: Экөө тең бар. Түрмөлөрдүн шартынын пайдубалдары ошого түртөт, ал кылдын учунда турат. Экинчиси, мыйзамдуу ууру деп койобуз го, ошол кишинин телефон аркылуу бир эле сөзү менен түрмөнүн бардык мекемелеринде, же басымдуу көпчүлүгүндө заматта тигил, же бул нааразычылык башталат. Андай нерсе бар.

"Азаттык": Аларда кандай кызыкчылык бар?

Тургуналиев: Кызыкчылык абдан көп. Ал жерде жалаң эле саясий, социалдык маани эмес. Түрмө мекемелеринде мамлекеттик бийлик толук орногон эмес, кээде жокко эсе болуп турат. Ал эми мыйзамдуу уурунун бийлиги кээде мамлекеттик бийликтен күчтүү болуп турат. "Общактын" мыйзамдуу уурулардын, бийлик тараптагы кылмыштуу жетекчилердин да материалдык кызыкчылыгы бар.

2000-2001-жж. №3 жаза өтөө бөлүмүндө жаттым. Ал Кыргызстан боюнча эң көп киши отурган түрмө, 3 миңдин айланасында. Совет доорунда салынган укмуш заводдор бар экен, алардагы станоктордун калдыктары турат, ошону иштетип, түрмөнүн башчыларына укмуш нерселерди жасап берип аткандарын көрдүм.

"Азаттык": Бүгүнкү кырдаалдан кантип чыгыш керек?

Тургуналиев: 100 пайыз толугу менен мындай нерседен кутулуу мүмкүн эмес. Биринчиден, сот бийлиги, тергөө тарапта адилеттүүлүк толук жок. Кээде кылмышты аны жасабаган кишилерге жүктөп, "кылмыш жасады" деп отургандарды өз көзүм менен көрдүм. Ал эми жүздөгөн миллион долларды жегендер тайраңдап эле жүрбөйбү. Азыркы аткаруу бийлигинде, Жогорку Кеңеште деле далай кылмыш кылгандар, кээ бирлерине 3-4 жолу катары менен кылмыш иш козголгондор депутат болуп отурат.

Биринчиден, бийликти тазалаш керек, өзгөчө сот бийлигин. Адилеттүү соттоо, тергөө 5-6 мекемеде турат. Экинчиси, түрмөлөрдүн шартын түп-тамырынан өзгөртүш керек. Жаңы түрмөлөрдү куруш керек.

"Азаттык": Бүгүнкү кырдаалдан бийлик кантип чыгат, чегиниш керекпи? Эгер чегинсе, мурдагыдай эле кылмыш төбөлдөрү башкарып атат деген доого калышы мүмкүн, чегинбей койсо кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деген пикирлер айтылып атат.

Тургуналиев: Менин оюмча, бийлик тараптагылар менен түрмөдөгү бийлик башчылардын ортосунда түздөн-түз сүйлөшүү жүрүш керек. Кээде аларды шайлоолордо пайдаланганын көрүп, билип эле жүрдүк го. Мисалы, Рысбек Акматбаевди Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги пайдаланбадыбы. Бүгүн жашырсаңыз, "кыңыр иш кырк жылда" дегендей, азыр кырк жылда эмес, төрт сааттын ичинде эле билинип калып атпайбы. Андан көрө ачыктан-ачык сүйлөшүш керек.

Абактарда кайрадан ачкачылык

Бишкектеги абактардын бири

18-январда түштөн кийин Кыргызстандагы бир нече абактарда ачкачылык акциясы башталды.

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып тургандардын жакындары Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алар маалымат жыйынын өткөрүп, Жаза аткаруу кызматынын берип жаткан билдирүүлөрү чындыкка коошпой тургандыгын айтышты.

Түштөн кийин депутаттар Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун маалыматын укту. Ал аралыкта көпчүлүк абактарда ачкачылык акциялары башталганы маалым болду. Ачкачылык жарыялагандар Жаза аткаруу кызматынын аракеттерине нааразычылык билдирүүдө.
Балдарды өткөндө эч себепсиз эле сабап, газдар менен ууланткан. Канча деген бала дарыланбай, каралбай эле жатат.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкулов Кыргызстандагы көпчүлүк абактарда бүгүн түштөн кийин ачкачылык башталганын тастыктады:

- Негизинен баарында эле болуп жатат десе болот. Булар адамдын оюна келбей турган нерселерди талап кылышууда. Мисалы, №1 тергөө абагындагы бир камеранын эшигин ачып койгула деп жатат. Башка талаптары деле жок.

№1 тергөө абагында кармалып турган Алмаз аттуу адам эки күндөн бери ачкачылык жарыялап жатышканын билдирди. Бүгүн ага башка абактагылар да кошулган.

Маалыматтар эки ача

№1 тергөө абагында 16-январдагы тополоң учурунда сабалган адамдардын жакындары 18-январда маалымат жыйынын өткөрүп, Жаза аткаруу кызматынын берип жаткан маалыматтары чындыкка коошпойт деп билдиришти. Адвокат Есения Рамазанова:

- Тополоң эмне себептен чыкканын кармалып тургандар билишпейт. Анткени эртең менен кадимкидей эле күн башталып, бирок сегиз жарым, тогуздарда эле атайын операцияны башташкан. Эч кандай нааразычылык, же ачкачылык болгон эмес. Тинтүү бүтүп, андан кийин Спецназ коридорго тизилип, ура башташканын айтышууда. Ошондон кийин соттолуучулар кан тамырларын нааразылык билдирүү ирээтинде кесишти окшойт.

Тополоңдон кийин, 16-январь, 2012-жыл. Сүрөт KNews агенттигинен алынды.
Тополоңдон кийин, 16-январь, 2012-жыл. Сүрөт KNews агенттигинен алынды.
16-январдагы тополоңдо №1 төргөө абагында болгон Нурбек Алымбаев аттуу адам каза тапкан. Анын бир тууган эжеси, өзүн Фатима деп тааныштырган айымдын айтымында, 16-январда Алымбаевдин соту болуп, акталып чыгары күтүлүп жаткан. Ал иниси ур-тепкиден каза болгонун айтууда.

- Азыр өлүкканада жүрөбүз. Бул жерден сөөгүн көрүп чыктык. Бетинде, этинде көгала тактар бар. Сабалганынан эле каза болду. Байкем соттон чыгам деп, жакшы эле жүргөн болчу. Сабап, ооруканага да алып барбай коюшуптур. Ооруканага алып барганда балким тирүү калат беле?

Депутаттар абактардагы кырдаалды укту

Ушул эле күнү түштөн кийин Жогорку Кеңеште Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков маалымат берип, 16-январда тергөө абагындагылар тополоң чыгарганын, атайын операция мыйзамга ылайык жүргөнүн айтты. Анын айтымында, 16-январда эртең менен мыйзамдуу тинтүү жүргөндөн кийин абактагылар тополоң чыгарган:

- Тинтүү жакшы бүткөн. Тинтүү учурунда 4 бычак жана 169 грамм маңзат табылган, 39 уюлдук телефон, 1200 доллар алынган. Андан кийин атайын отряд ылдый түшүп, кетүүгө камынып калган кезде, эшиктерди бузуп киришкен. Жыйырма эшик талкаланган, имараттын 3-кабатына 500, экинчи кабатка 200 адам бошонуп чыккан. Алар төрт кызматкерге ысык суу куюп, тепкиге алышкан.

Байзаковдун айтымында, тергөө абагындагылар соттолуучу Дамир Сапарбаевди 50-абакка которууга каршы болушкан. Ал Сапарбаев тергөө абагындагы кылмыш дүйнөсүнө жетекчилик кылып турган деп эсептейт.

Байзаков каза тапкан Нурбек Алымбаев жүрөк алсыздыгынан же баңгизатка ууланып өлдү деген тыянакка келип жатышканын айтты. Анын билдиришинче, Алымбаев наркологиялык борбордо эсептик каттоого турат жана ВИЧ илдетине кабылган.

- Анын денесин ачып көрдүк. Эми гистологиялык экспертиза гана калды. Анын башында жана сөөктөрүндө эч кандай жаракат жок. Бөйрөгү, боору оорулуу болгон жана сол колунда ийненин издери турат. Ал баңги катары эсептик каттоодо турган. Биздин божомолубузда, жүрөк алсыздыгынан, же болбосо апийимге ууланып өлгөн. Бирок өлүм массалык башаламандыктан, же күч колдонуудан болгон эмес.

Депутаттар ВИЧ илдети менен ооруп жүргөн адамдын жалпы камерада кармалып турганы канчалык мыйзамдуу болгон деген суроо узатышты.

Байзаков кылмыш дүйнөсү менен айрым абактардын жетекчилери буга чейин байланышта болгонун, мындай мыйзамсыз иштерди токтотуу чоң тоскоолдуктарга туш болуп жатканын кошумчалады. Ал парламентте сүйлөп жатып, абактын жетекчисинин кызмат орду мурда 50 миң долларга бааланып келгенин белгиледи.
Булар адамдын оюна келбей турган нерселерди талап кылышууда. Мисалы, №1 тергөө абагындагы бир камеранын эшигин ачып койгула деп жатат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Жаза аткаруу кызматынын арекетин аша чапкандык катары баалап, эл аралык нормаларга туура келбейт деп, Жогорку Кеңештин жыйынында сынга алды:

- Генерал Байзаковдун көз карашы боюнча булардын өпкөсүн үзүп, коркутуп койолу деген. Кыргызча аракет кылдыбы, же бай-манаптык аракет кылдыбы, билбейм. Уруп киришкенде коридордун баары кан болуп кеткен. Бул эл аралык стандартка туура келбейт.

Жогорку Кеңеште абактардагы абал талкууланып жаткан чакта парламент алдына №1 тергөө абагында ур-тепкиге кабылгандардын жакындары нааразычылык акциясын өткөрүп жатышты. Алардын бири Элизат аттуу айым буларды билдирди:

- Балдарды өткөндө эч себепсиз эле сабап, газдар менен ууландырган. Канча деген бала дарыланбай, каралбай эле жатат. Булардын ичинен он баланы 50-абакка алып кетиптир деп жатышат. 10 адам ошол жакка кеткенби, же кеткен эмеспи, кетсе кимдер кетти, бул да белгисиз.

Кыргызстандагы түрмөлөрдө ачкачылык акыркы ирет мындан туура бир ай мурда болгон.

Исламчылар менен теңирчилер тиреши күчөбөйбү?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу Кыргызстандагы исламчылар менен теңирчилердин тирешүү себептерине арналды.

Талкууга Тай тебиш улуттук спорт өнөрүн түптөгөн Кубанычбек Тезекбаев менен "Дил мүрөк" адеп-ахлак борборунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Тай тебиш улуттук спорт өнөрүнө Улуттук коопсуздук кызматы диний касташууну козутту деген негизде кылмыш ишин козгоду. Бул кимдин арызы менен жана кандай күнөө коюлуп жатат?

Кубанычбек Тезекбаев: Тай тебиш спорт өнөрү бекеринен чыгып калган жок. Бул - кыргыздын ата-бабаларынан келаткан улуттук спорт болуп эсептелет. Учурунда тарбия-таалим, география, медицина "Манастын" ичинде камтылган.

18-июнда Самыйкожо Мирлан тай тебиш боюнча айтып бер деп бир сааттык эркин маекке чакырган эле. Мен ошондо тай тебиштин төрт - тил, жан, дене, рух машыгы бар экенин, асман ааламдык улуу күчтөр, табият менен жуурулушуп, эргүү, чыңдоо деген күүнүн сырлары тууралуу айтканда, Мирлан "Өзбек ажы "Манаста" тарбия жок деп айтып атпайбы" деди. Аны мен деле уккам. Ошондо мен "Өзбек ажы «Манасты» жакшы билбейт, ошондуктан айтып атат" дедим.

Бул кишилер ислам тарбиясында окугандан кийин "Манастын" ичиндеги руханий сырларды көп биле албайт дегем. Мен Жүз жигит баяны жөнүндө да айттым.

Өмүрбек Абдрахманов деген депутатыбыз "Манас деген бандит, баскынчы" деп айтыптыр. Ошого ачуум келип, мен "керек болсо молдолордун ичинде да бандиттер көп, бул жактан киши өлтүрүп ажыга барып, ажы болгондор толтура" дегем. Мусулман динин жамынып алып бузулман деген сөздү айткам.

"Азаттык": Сизди сотко ким берди?

Кубанычбек Тезекбаев: Апрел революциясына катышкан Турусбек Сагынаев деген киши арыз жазган экен, ага көп кишилер кол койгон экен. Ошондо биздин сүйлөгөн сөзүбүздү дискке жаздырып алып, дин башкармасы коопсуздук комитетине жибергенде, алар "улут аралык жаңжал салган" деп иш козгоп атышат.

"Азаттык": Өзбек мырза, тирешүү күчөп кеткен жокпу?

Өзбек ажы Чотонов: Тирешүү күчөп кетиши мүмкүн. Анткени Түгөлбай Казаков, Дастан, Анарбек Усупбаевге окшогон теңирчилер көптөн бери исламга асылып келатышат. "Ислам бизге кереги жок" деп айтып атышат. Андай кишилерге исламдан айланып кетсин дейм, аларга биз муктаж эмеспиз. Ким мусулман болбойм десе эч кандай муктаждык жок.

Бул жерде арабдашуу деген сөздөрдү айтып атышат, бул - жалган кеп. Христианчылык, ислам, иудаизм - үч улуу дин арабдыкы да, еврейдики да эмес.

"Азаттык": Ушул тирешүүнүн учугу эмнеден келип чыкты?

Өзбек ажы Чотонов: Биз теңирчилер мындай-тигиндей деп айта элекпиз. "Манаста" тарбия системасы жок, аны мен чынында айткам. Мисалы, Манас өзү тарбияланган эмес, арак ичип беш каманга түшүп калганы факт, айтып келсек каталары толтура. Мен аны менен Манасты жаман дебейм, биз "Манасты кудай кылып салбагыла, пайгамбар кылып жибербегиле" деп атабыз.

Макамы эл аралык, тейлөөсүчү?

Ош аэропорту.

Ош эл аралык аба майданынын дарегине көп доомат айтыла баштады.

Тейлөө сапатынын жана тартипке көзөмөлдүн начар экендигине нааразы жүргүнчүлөр арбын. Учак майданынын тегерегиндеги акыркы кездердеги ызы-чуулар аэропорттун жетекчилиги тартипти жолго коё албагандыктан чыгууда дегендер да бар.


Аэропортуңду көргөз, айылыңды айтып берейин

Биз аэропртко келгенде учуу каттамы жок экен, ошондуктанбы кызматкерлер аз, эл деле сейрек. Күтүү залы аябай эле тар. Эки-үч жыл муруңку чоң зал азыр билет сатчу күркөлөргө толуп, узундугу болжол менен 50, кеңдиги 3 метр болгон коридор гана калган. Үч-төрт жерге орундуктар коюлган. Бирок алар жетишсиз, адамдар тик туруп же нары-бери басып, эптеп убакыт өткөрөт. Эгер көбүрөөк киши болсо батпай, бири-бири менен түртүшүп калат.

Ош аэропорту.
Ош аэропорту.
16-январда бул аэропортто атышуу болгону кабарланып, ал ушул жерде иштеген аттуу-баштуу эки тармак кызматкеринин жаңжалы катары сыпатталган эле. Мындай маалыматты аэропорт башчысы Орозбек Калдаров төгүндөп, бул аймакта бейтааныш эки өспүрүм ок чыгарыптыр деп билдирген.

Аэропорттун башка кызматкерлери болсо жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна шек келтире турган жагдай жок деп ишендиришти.

Анткен менен жүргүнчүлөрдү тейлөө жаатында толгон-токой маселелер бар экендигин жүргүнчүлөр байма-бай айтып келатышат. Алардын бири, Орусияга учууга камданып отурган Сүйүнбек Асанбеков:

- Тейлөө жагы начар экендиги көрүнүп эле турат. Мисалы, Орусияга кетип жатканда жүгүң 20 килограммдан ашык болсо, акча алып өткөрүш керек. Айрым учурларда тааныш-билиш аркылуу акча албай өткөрүшөт же көбүрөөк акча алышат...

Жетекчилик болсо ушул өңдүү дооматтарды эске алып, эки күн мурун электрондук көзөмөл таразасын орнотуптур.


Эл аралык деңгээлдеги тейлөөгө качан жетебиз?


Оштогу Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик китепкананын директору Бактыгүл Мырзаева эң олуттуу маселе катары жүргүнчүлөрдүн жүктөрүнө жасалган орой мамилени атады:

- Учактары эски болсо да, колдон келишинче бизге кызмат кылып жатканы алкай турган нерсе. Ошол эле учурда мага жакпаганы: жүгүңдү алып жатканда сынып атабы, же ал кандай буюм экенин карашпайт да, жүктөрдүн үстүнө ыргытып коюшат.

Ош аэропортуна конгон учак.
Ош аэропортуна конгон учак.
Мырзаева бул көрүнүштөрдү теске салуу жетекчиликтин милдетине кирерин белгиледи. Бирок аэропорт башчысы Орозбек Калдаров бул дооматты негизсиз деп эсептеди:

- Балким болуп жаткандыр, бирок андай нерселерге бөгөт койгонбуз. Ошондойлор болсо бизге жазып киришсин, чара көрөбүз. Мындай нааразылыктар жарандар тарабынан сөз жүзүндө эле кала берет. Ушуну жазып бериңиз десек тайсалдашат.

Жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан дагы бир маселени бизге Оштон тез-тез Бишкекке учуп жүргөн Бегайым Садыкова аттуу айым айтып берди:

- Ош аэропортунан учканда билеттерге отургучтардын номурлары жазылбайт. Ким каалаган жерине отурмай... Кээ бир учурларда жүргүнчүлөр орун талашып, чекилише да кетишет. Ага көңүл бурган адам жок.

Номурсуз орундуктарга отургузуунун жөн-жайын аэропорттун жетекчиси Калдаров минтип түшүндүрдү:

- Муну электрондук вариант деп коёт. Бул компаниялардын жумушу. Электрондук вариантка орундардын номуру жазылбайт экен. Буга түшүнбөстүктөр көп болуп, нааразылыктар жаралып жатат. Компанияларга кайрылып, алар менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Деген менен Ош аэропортунан учканда жүргүнчүлөрдү электрондук ыкма менен тейлеген авиакомпаниялар Бишкектен бери көздөй келатканда орундарды номуру жазылган билеттер менен эле кызмат көрсөтөт экен.

Ош аэропортуна конуп жатканда кырсыктаган Ту-134 учагы. 2011-жылдын 28-декабры.
Ош аэропортуна конуп жатканда кырсыктаган Ту-134 учагы. 2011-жылдын 28-декабры.

Аба майданда тилкелердин тар экендиги, учак конгон учурда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун жоктугу, ал тургай кызматкерлердин баардыгы атайын кийим менен камсыздалбаганы Ош аба майданы өз макамына жооп бербестигин кабарлап турат. Өткөн жылдын аягында ушул аба майданында Ту-134 учагынын кырсыкка кабылышы анын эскилиги менен эле эмес, конуу тилкесинин тар экендиги менен да түшүндүрүлгөн.

Жетекчиликтин айтымында, үстүбүздөгү жылы жогорудагы көйгөйлөр толук чечилиши мүмкүн. Анткени өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 2012-жылы аэропорттун аянтын кеңейтүүгө убада берген. Бирок ал качан башталып, канча каражат жумшалаары анык эмес. Эгер бул ишке ашып калса, буга чейин 167 гектар жерди ээлеп турган аэропорттун аянтына дагы 7 жарым гектар кошулат. 2814 метр болгон конуу тилкеси дагы 400 метрге узартылат.

Аба майдандын аянты кеңейиши менен аэропорттогу тейлөө сапаты жакшырабы - азырынча кепилдик жок.

Жапония дзю-дочуларга грант берет

Учурда Австрияда жаштар арасында биринчи кышкы олимпиада өтүүдө. Ок атуу боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык мерген Лондон олимпиадасына жолдомо алды.

Учурда Австриянын Инсбрук шаарында улан-кыздар арасында биринчи кышкы олимпиадалык оюндар өтүүдө. Мында кышкы спорттун 15 түрү боюнча мөрөй талашуулар уланууда.

Кыргызстандан лыжа-чаңгы жарыштарына жалгыз Зафар Шахмурадов катышууда. Мындай дүйнөлүк жарышка алгач ирет катышкандыктан 16 жаштагы Зафар 10 км. аралыкка чаңгы жарышында ийгилик жарата албады. Ал марага 39 мүнөт 7 секундада жетип, 46-болуп келди. Бул аралыкты 29 мүнөт 28 секундада чаңгы менен чуркап өткөн орусиялык Александр Селянинов олимпиада чемпиону аталды.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, биринчи кышкы олимпиадага 14 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар катышууда.

Мындан эки жыл мурда Сингапурда жаштар арасында биринчи жайкы олимпиада өткөн. Сингапурда кыргызстандык 3 спортчу грек-рим жана дзю-до күрөшүнөн 1 алтын, 2 коло байге утуп алышкан.

Лондонго дагы бир жолдомо

Катар өлкөсүнүн борбору Доха шаарында ок атуу боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов Азия чемпионатында алтынчы орунду ээледи. Натыйжада Руслан упайдын жыйынтыгы боюнча быйыл жайында Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомону жеңип алды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” дене тарбия, спорт агентигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата Лондондо өтө турган олимпиада оюндарына Кыргызстандын төрт спортчусу жолдомо алып, даярдык көрүшүүдө.
Ошондой эле Дохадагы Азия чемпионатында Сабина Исмаилова жана Бактыгүл Махмадова бешинчи орундарды камсыз кылышты.

Алыстагы Айбек Алыбаев ФИФАга мүчө

Өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев Эл аралык футбол федерациясынын оюнчулардын статусу жана алмашуу комитетине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Сот департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы, Футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев 2010-жылкы апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен, ошондон бери өлкөгө кайта элек.

Ал ФИФАнын жыйындарына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып, мүчө болуп жүргөнү акылга сыйбас жорук экенин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов белгиледи:

- Футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери сыртта жүрөт. Бирок ал эл аралык расмий иш-чараларга Кыргызстандын атынан катышууда. Кыргызстандык футболчуларга эч кандай жардам берген жок. Бул жерде Жогорку жана Биринчи лигадагы чемпионаттарды өткөрүү боюнча көп маселелер чечилбей турат. Кыргызстанга келип, иштеп бербей, чет өлкөдө жүргөнү акылга сыйбас жорук.

Жапониянын жардамы

Кыргызстанда дзю-до спортун өнүктүрүүгө Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) 69 миллион 200 миң иен көлөмүндө грант бермей болду. Бул каражат 2011-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган JICA менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы гранттык макулдашууга ылайык бөлүнөт. Аталган Макулдашууну ратификациялоо маселеси жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште каралат.

Келишимге ылайык, дзю-до спортун өнүктүрүүгө каражатты жапон тарап Макулдашуу мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, 2013-жылдын декабрь айына чейинки убакыт аралыгында бөлүп берет. Каражат дзю-до менен машыгууга спорттук жабдууларды жакшыртуу үчүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берилмекчи.

Ордолуу Оштогу мелдештер

Ош шаарында түштүк аймагы боюнча 1994-1995-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча "Бурганак" деген аталыштагы мелдеш жыйынтыкталды. Ага жалпысынан улан-кыздардан куралган 12 команда катышты.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду балдар арасында Кара-Кулжа району алса, кыздар арасында Ноокат району ээледи. Жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Кыргыздар Таңгемди табалбай жатат

Бул күндөрү кыргыздын кайсы үйүнө кирбе – таңдайларын такылдатып, корей кызы Таңгемди талкуулап отурушат. (УТРК аркылуу көрсөтүлүп жаткан “Хансарайдын бермети” (“Жемчужина дворца”) аттуу корейлик фильмдеги оң каарман). “Ох-ата, ыймандуу десең ыймандуу, жылдыздуу десең жылдыздуу!”, “Өлүп бараткан ханды тирилткен, чөп-чардан не бир чүйгүн тамак жасаган колунун касиетин айтпасыңбы!..”

Илгери өткөн замандагы корей турмушун чагылдырган бул фильмдеги баш каарман Таңгем ошентип азыр кыргыз коомунда кыз баланын эталону болуп калды. Ооба да, көзгө тике карабаса, илбериңкилигин, адамгерчилигин айт, жүгүнгөнүчү? Айылдык апалар алкаганга сөз таппай калышты окшойт! Анан да бул кинодо сүйүп өлүп баратышса да, эркек-кыздын эми, мындайча айтканда... кыналышканын көрбөйсүң. Чымчымайын жөн сүйлөбөгөн менин коңшум айтмакчы, “Таңгем менен анын сүйгөнү Минжунхо акыры бир өбүшөбү деп акыйган бойдон өмүрүбүз өткөнү калды”. Болбосо туш-туштан агып келген фильмдерди чогуу отуруп көргөндөн коркосуң – тааныша элек жатып төшөккө кулашат эмеспи...

Иши кылса, азыр Таңгем деп тамшанбаган кыргыз жок, аны жинди болгуча сүйгөн жигиттер да боо түшүп жатат дешет. Мага жакканы башкасы. Таңгем хансарайга кайтып барыш үчүн табыпчылык өнөрдү үйрөнүп жатпайбы. Устаты ал жакка эмне мынча ашыгасың деп сураса, аяш апам Хандын өчүн алат элем деп жооп бербейби Таңгем. Анда устатынын бетине жаалы чыгып: “Өч алуу нээти менен дарыгер болом деген оюң болсо, сага анда эч нерсе үйрөтпөйм, колуңа экинчи ийне кармаба!” деп каарып-каарып алганы. Ийнени арам ою жок кыздар кармаса, колу калтырабайт экен бу кинодочу. Өзүнө кыянатчылык кылгандардан өч алсам деп ак эткенден так этип жүргөн Таңгемдин манжалары адегенде эпке келбей титиреп, качан гана ичинен арам оюн айдап чыккан соң ийнеге колунун кымтуусу келип жатпайбы.

Анан да Таңгемдин айкөлдүгүн айт - аяш апасы Ханды ажалынан мурда аркы дүйнөгө айдаган, өзүнүн да көзүн тазалай жаздаган Чой менен Гюмиаңдын (карачы, корейлердин аттарын жазбай жаттап алганыбызды) абийири төгүлөөр алдында да кечирип, өз сыйыңар менен эл алдында башыңарды ийип, кечирим сурагыла деп келгени. “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, “Оң жаакка чапканга сол жаагыңды тосуп бер”, “Таш менен урганды аш менен ур” деген макал-ылакаптар кыргыздыкы эмес эле корейлердики го деген кызык ой келет десең...

Бул кинону бүт кыргыз атпай көрүп жатат. Көрөлү. Кайта-кайта көрөлү. Театрга киши эмнеге барат? Өзүн көрүш үчүн. Өзүн көрүп, пейилин оңдош үчүн. Кинону киши эмнеге көрөт? Өзүн көрүш үчүн. Өзүн көрүп, пейилин оңдош үчүн.

Студент кезимде троллейбуста келатсам, маңдай-тескей отургучта кыргыз байбиче менен көздөрү көпкөк, чачтары сары, ойноок баласын алдына алган орус келин бараткан эле. Чоң эненин ичи элжиреп, баланы кыргызча минтип эркелеткени эсимде калыптыр: “Карачы, айланайын, кандай жылдыздуу, ыймандуу бала, алдыңа кетейин десе. Анан чоңойсо эле орус болуп кетет”...

Анын сыңарындай, жанаша жашаган корейлерди деле жакшы билбейбиз. Корей десе эле жалаң чөп-чар саткан, же казино иштеткен көзү жүлжүк адамдарды элестетебиз. Көрсө алар деле кыргыздай бир жагы айкөл, бир жагы жаман-жакшысы аралаш эл турбайбы. “Менин ичимде арамым көппү же адалым көппү? Бирөөгө кыянатчылык кылганга жараймынбы же жакшылык кылганга жараймынбы?” – деген суроолорго жооп алгысы келгендер бул кинону көрүп жаткандай сезилет. Кыргыздардын жата калып көргөнүнө караганда, Таңгемдей инсандары сейрек тартып кетип, издеп жатышкан жокпу?

Орусия Кыргызстанга аскердик техника берди

Орусия Кыргызстанга аскердик техника берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
Түз линк

Балдар үйү азаят, жөлөк пул көбөйөт

Социалдык өнүктүрүү министрлиги Социалдык өнүктүрүү стратегиясынын үч жылдык долбоорун иштеп чыкты. Анда балдар үйлөрүн азайтып, жөлөк пулду 7 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Адистер мындай кыскартуу көчө балдарынын санын ого бетер көбөйтөт деп тынчсызданышууда. Бул демилгенин оош-кыйыштары "Азаттыктын" "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

Катышуучулар: Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Гүлнара Дербишева, аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коомдук фондунун директору Никиштай Идрисов.

Талкууну толугу менен бу жерден угуңуз:





“Азаттык”: Социалдык өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кандай өзгөрүүлөргө алып келет?

Гүлнара Дербишева: Социалдык өнүктүрүү стратегиясы 13-декабрда өкмөттүн атайын токтому менен бекитилди. Бул төрт чоң бөлүктөн турат. Биринчиси, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Экинчиси, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жалпы жарандар.

Кыргызстанда 23 миң майып жана жалпысынан 133 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катталган. Үчүнчү багыт – пенсионерлер, алардын саны 500 миңге жакын.

Төртүнчүсү - министрлик үчүн да жаңы багыт болуп жатат. Муну тобокел тобу деп коёбуз, селсаяктар, үй-бүлөсү жок, же кылмыш кылган, эрезеге жете элек балдар.

Негизи балдар үйлөрүндө тарбияланган балдар 18ге чыккандан кийин жашоодо турак-жайы, же документтери жок калган учурлар көп. Ушул аярлуу төрт катмар менен иштейбиз деп пландаштырдык. Стратегиянын негизги максаты – бул жөлөк пулдардын жалпы көлөмүн көбөйтүү.

Кыргызстанда үч түрдүү жөлөк пул берилет. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга ай сайын берилчү, мүмкүнчүлүгү чектелген жана пенсияга укугу жок кары адамдарга беребиз.

Андан сырткары кошумча жөлөк пул апрель, июнь окуяларында жабыркаган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.

Биз социалдык коргоо жана социалдык камсыз болгон маселелерди карачу элек. Ушул стратегия кабыл алынган соң саясатыбызды да өзгөртөбүз деген чоң максат койдук. Эми биз жалаң эле жөлөк пул бербей, жер-жерлерде жергиликтүү бийлик менен социалдык кызматтарды өнүктүрөлү деген пландарыбыз бар.

Базар бааларга карап ай сайын, же жыл сайын жөлөк пулду көбөйткөнгө аракет кылып жатабыз. Азыр бир балага 300 сомго жакын жөлөк пул алышат. 2012-жылдын сентябрь айынан тартып ар бир балага жөлөк пул 500 сомдун тегерегинде болот.

“Азаттык”: Никиштай мырза, балдар үйлөрдү кыскартып, анын ордуна жөлөк пулду көбөйтүү керек деген демилге көтөрүлүп жатат. Ушуну туура деп эсептейсизби?

Никиштай Идрисов: Негизинен жөлөк пулду 500гө көтөрүү деле аздык кылат. Бирок өкмөт өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иштеп атат. Ал эми балдар үйлөрүн жою маселесин кылдаттык менен караш керек. Анткени ар бир адам майып баласын үйүнө алып карашы кыйын. Ата-энеси иштеш керек, дары-дармеги, дарыгерлер карап турат деген маселелер да бар.

Кулуева: Өспүрүмдөр бөлөк улуттан коркуп турушат

Ошто балдар психологиялык жардам алышууда, 17-август 2010-жыл.

Оштогу “Сити Хоуп Интернешнл” кайрымдуулук уюмунун психологу Гүлбара Кулуева июнь коогасында психикалык сокку алгандардын абалынан кеп салды.

- Июнь коогасынан бери бир жарым жыл өтсө да жаңжалдын терс таасиринен кутула албай жаткандар бар экен. Азыр сиздерге кайрылгандар болуп жатабы?

Ош окуясынан кийинки абал
Ош окуясынан кийинки абал
- 2010-жылкы окуя көпкө чейин көкүрөктөн кетпейт деген ойдобуз. Себеби, үрөйү учуп калган адамдын инкубациялык мезгили кеминде бир жыл болот. Бүгүнкү күндө деле бизге кайрылгандар саны аз эмес. Бирок биздин дарегибизди таппай, керек жардамды кайдан алаарын билбеген жарандарыбыз дагы эле көп.

- Негизинен кайсы жаштагы жана социалдык топтордогу адамдар кайрылууда?

- Азырынча бардык эле курактагы, бардык эле социалдык топтордогу адамдар кайрылып жатат. Бирок өкүнүчтүүсү, мектеп окуучуларынын коогадан кийинки абалы анча эске алынбай калууда. Себеби буга ата-энелер да, мектеп мугалимдери да анчалык көңүл бурбагандай сезилет.

- Мектеп окуучулары демекчи, буга чейин алигиче мектепке баруудан корккон балдар бар деп айтылган эле...

- Мындай сөздүн чын-төгүнүн биле албадык. Бирок биз мектеп окуучулары менен иштеп жатканда аларда коркуу сезими дале бар экени байкалууда. Бөлөк-бөтөн улуттагы адамдарды көргөндө алар коркуп турушарын айтсак болот.

Психиатр, психологго кайрылды дегенде эле дароо “бул адам акылынан айнып, жинди болуп калды” деп түшүнгөндөр бар. Элдин ушундай стереотиптик түшүнүгүнөн арылуу өтө кыйын болуп жатат...
- Сиздердин уюм аларга кандай жардам көрсөтүп жатат?

- Биз октябрь айынан бери “Сити Хоуп Интернешнл” кайрымдуулук уюму менен бирге калабада көбүрөөк жабыр тарткан аймактардагы мектептерде социалдык педагогдорго жардам берүү максатында кайрымдуулук ишин уюштурганбыз. Октябрдан тарта беш мектепте иштеп жатабыз. Ал жакта 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын психикалык саламаттыгын кароодон өткөрүүдөбүз.

Оорулардын психосоматика, соматикага өтүп кеткен учурлары байкалып жатат. Себеби, бул каргаша балдардын сезимине терең сиңип калган. Не дегенде алар алааматты көзү менен көрүп, кулагы менен угушкан да.

Же болбосо чоңдордун сөздөрүнөн алган таасирлери да күчтүү. Анын кесепетинен балдар түнкүсүн жаман түш көрүп, уйкусу бузулган сыяктуу учурлар кездешүүдө. Анан көңүл буруусу начарлап, окууга жетише албай, башкача айтканда, психикалык саламаттыгына доо кетип жатканы да акырындан байкалууда.

- Июнь окуясынан кийин эле Ош жана Жалал-Абад аймактарында психологиялык борборлор ачылган. Кооганы көргөндөн үрөйү учуп, анын таасиринен бошоно албагандар дале кездешип жатса, бул борборлордун ишин эмне деп бааласа болот?

- Биздин менталитет, кулк-мүнөзгө тиешелүү бир жагдай бар. Психиатр, психологго кайрылды дегенде эле дароо “бул адам акылынан айнып калды” деп түшүнгөндөр бар. Элдин ушундай стереотиптик түшүнүгүнөн арылуу өтө кыйын болуп жатат.

Коогалаңдан кийин эле Ош облустук психикалык ден-соолук борборунун алдында мобилдик топ уюшулган. Бул топ “Сити Хоуптун” жардамы менен аймактарда кеңири иш жүргүзгөн. Анын натыйжасында көптөгөн адамдардын психикалык ден-соолугу калыбына келди.

Андан соң май айында Ош шаардык аймактык оорукананын ичинде психологдук жана психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча бөлмө уюштулган. Мына бул жерге бүгүнкү күнгө чейин адамдардын аягы тыйылбай келет. Алар бир гана июнь окуясына байланыштуу эмес, башка көйгөйлөрүн айтып келишет.

Бүгүн эл психиатрга жана психологго ишеними артып жатат десек болот. Майнап чыкпады деген ой туура эмес. Биз канчалаган адамдардын үй-бүлөсүн сактап калдык? Канчалаган адамдардын ишке жөндөмдүүлүгүн сактап калып, кайра иш ордуна барганга жардам бердик?

Багыт

Бүгүн “Дело №....” гезитинин жаңы жылдан кийинки биринчи саны жарыкка чыкты.

“Атамбаев үч тараптуу: Кыргызстан-Түркия-Россия союзун түзүүдө”. “Дело №....” гезити бүгүн баш макаласын президент Алмазбек Атамбаевдин Түркия сапарына арнап, президенттин алгачкы расмий сапары жолдуу болгонун, ал тургай анын Түрк Республкиасынын парламентинде сүйлөгөн сөзү сенсацияга айланганын, байыркы түрктөрдүн тарыхына кайрылган кыргыз президенти 6-8-кылымдардагы Улуу Түрк каганаты жөнүндө, Осмон империясын курууда кыргыздардын Византиянын императордук аскерлерин талкалоого жардам бергени жөнүндө, тилекке каршы бүгүн Улуу Түрк каганатын кайра курууга мүмкүн болбогон күндө дагы түрк мамлекеттеринин бекем союзун курууга болорун айтканы залда отургандардын ордунан туруп алып, дуулдаган кол чабуусу менен кубаттоого алынып турганын маалымдады.

”Дело №...” жумалыгы Атамбаев мындан ары Кыргызстандын эң жакын өнөгү Түркия болорун бөтөнчө белгилегенин, кыргыз президенти ошондой эле иш сапар учурунда Американын Кыргызстандагы авиабазасы тууралуу кеп кылып, мөөнөтү 2014-жылы аяктай турган авиабазаны эл аралык жарандык борборго айлантуу сунушун киргизгенин жана бул долбоорду ишке ашырууну колдоо үчүн биринчи иретте Түркия менен Россияны жардамга чакырганын, президент өткөн июндагы каргашалуу окуяны эске салып, Өзбек президенти Ислам Каримов менен сүйлөшкөнүн, бүгүн дүйнөлүк картадан Өзбекстан менен Кыргызстандын жок болуп кетишин каалаган күчтөр толтура экендигин, эркиндикке жеттик деп келатканыбыз менен дагы эле көп нерсе колубузду бууп, бутубузду тушап турганын, өзүбүздүн нефтибиз болуп туруп сордуруп алалбай келатканыбызды, акыркы 10 жыл ичинде Кумтөрдүн 10 млрд. доллар алтыны сыртка ташылып кеткенин, ал эми Кыргызстандын казынасына бул сумманын болгону 3 проценти гана түшкөнүн, бүгүн Кыргызстанды карыздап алган акчалардын кулу кылгысы келгендер барын, бирок байыркы көкжал түрктөрдүн атасы болгон кыргыздар эч качан кул болуп көрбөгөнүн, түрктөр тизелеп кул болгондон көрө тикесинен туруп өлгөндү артык көрөрүн айтканын белгиледи.

Макаланын автору аягында ошентип Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка келиши менен Кыргызстандын талаасында Евразия континентиндеги саясый абалды тез арада өзгөртүүгө алып келе турган чоң оюн башталды деген жыйынтык чыгарды.

Бишкек СИЗОсундагы бунт жөнүндө “Дело №...” гезити да жазып чыкты. Бунт чыккан 16-январь күнү Бишкектин №1 тергөө абагынан ырасмий да, ырасмий эмес да маалыматтар массалык маалымат каражаттарына тынбай келе баштаганын, бейырасмий маалыматтарды журналисттерге түрмөдө олтургандардын өздөрү телефон чалып кабарлап турганын, тилекке каршы мындай мекемелерде телефон байланышына тыюу салынгандыгына карабастан ушундай болгонун, “Дело “№...” гезитинин редакциясына телефон чалгандардын бири: “Спецназ таңатпай кирип келип, баарын бирден сабап кирди. Тезирээк келгиле, кан төгүлө баштады” деп кыйкырганын, ошондон кийин эле СИЗОго жетип барып, абактагылардын өздөрүнө жолугуп сүйлөшкөн Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун бул версиянын чын экендигин, камерага кирип келген спецназчылар абактагыларды ур-токмокко алып киргенин, абактагылар буга жооп кылып айнектерди талкалап, матрацтарды өрттөй баштаганын билдиргенин жазып чыкты.

Эмне үчүн абактагылар жөндөн жөн эле ур-токмокко алынган? Турсунбек Акундун айтымында, Байзаков башында турган Мамлекеттик жаза өтөө башкармалыгы “положенецтерге” бул жерде ким кожоюн экендигин билгизип койгусу келгендигин, албетте бул ниет туура экендигин, бирок аны ушундай уруп-согуу ыкмасы менен түшүндүрүү акылга сыйбаган көрүнүшкө жана кесиптик түркөйлүккө жатарын билдирди.

Ал эми жаза өтө башкармалыгынын айтуусунда, бул күнү кезектеги эле текшерүү жүргүзүлө баштаган, дагы бир версия боюнча чыр “положенец” Дамир Сапарбековду 1-СИЗОдон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жата турган №50 СИЗОго которууга байланыштуу чыккан. Анткени бул жерде эч кандай телефон байланышы деген болбойт. Ызы-чууга улай эле Чүй аймагындагы 6 колонияда бир убакта ачкачылык жарыяланганын, баары бир гана Дамир Сапарбековду 1-СИЗОнун өзүндө калтыруу талабын коюшканын, генерал Байзаковдун айтымында, Сапарбековду башка түрмөгө которууга күч органынын аракети мыйзамдуу экенине көздөрү жеткенден кийин колониядагылар ачкачылыгын токтотконун, түштөн кийин абактарда кадимки турмуш өз ордуна келгенин, ал эми Дамир Сапарбеков жакын аранын ичинде 50-СИЗОго которуларын, мындайлардын күч органдарына “диктовать” этүүсүнө эч качан жол берилбей тургандыгын билдиргенин жазып чыкты.

Баса 1-СИЗОдо бунт чыкканда түрмөдөгүлөрдүн ал имараттын алдына чогулган тууган-туушкандарынын ичинен 25и 1 суткадан 5 суткага чейин админстративдик жазага тартылганын, ошону менен бирге эле премьер-министр генерал-майор Шейшенбек Байзаков Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик жаза өтөө башкармалыгынын төрагалыгына бекиткен чечимге кол койгонун да “Дело №....” гезити кабарлады.

“Дело №.... “ гезити булар менен бирге жаңы өкмөттүн курамы тууралуу бүгүнкү санында кенен кеп кылды. Ар бир жаңы дайындалган вице-министрлерден тартып министрлерге чейин жазып, жаңы дайындалгандар буга дейре кайда иштегенин, эмне кылганын, эми мындан ары эмне кылайын деген ойлору барын талдоого алып, ар бирине кыскача мүнөздөмө берди.

Аталган жумалык бүгүн Бишкек шаардык сотунда Мурат Суталиновдун Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тергөөгө алынып, мамлекеттик чек арадан мыйзамыз өткөн деген кылмыш иши боюнча маселени карай тургандыгын кабарлады.

Жумалык ошону менен бирге эле “кыргызстандыктар самолетто эмес, табытта учуп жүрөт” деген теманын алдында республиканын транспорттук прокурору Кубанычбек Мамакеевдин маегин жарыялады. Анда жакында эле Бишкек-Ош каттамында конуп баратып оңкобашатып кетип, төрт аягы асманды карап калган, күйүп да кеткен, Кудайдан парманы менен 82 жүргүнчүсү аман-эсен калган самолет жана Кыргызстандын бүтүндөй авиапаркынын азыркы абалы туурасында сөз болот.

Ушул эле санга “Казино жана кумар клубдары: “Мышык-чычкан” оюну” деген макала да окурмандарга тартууланды. Макалада тыюу салынган кумар оюн жайларынын ээлери текшерүүчүлөрдүн көзүнө чалынбастан иштерин уланта берүү үчүн кандай гана айла-амалдарга барып жаткандыгы жөнүндө баяндалат.

“Дело №....” ошону менен бирге эле бүгүнкү санына “Кыргызстанда орус тили кимге жана эмнеге тоскоолдук кылып жатат?” деген суроолуу теманын алдында депутат Ирина Карамушкина менен Равшан Жээнбековдун, саясат иликтөөчүлөр Токтогул Какчекеев менен Марс Сариевдин, Кадыр Маликов менен Бакыт Бакетаевдин жана укук коргоочу Динара Ошурахунованын ой-пикирлерин ортого салды.

Орус тили боюнча оюн билдиргендер бир ооздон орус тили бүгүн эч кимге токсоолдук кылып жатпаганын, тилди саясатка айланта берүү жакшылыкка алып барбастыгын, ошону менен бирге эле бүгүн өлкөдө саясатчылардын эки тобунун ортосунда күрөш жүрүп жатканын, бири өлкөнү модернизациялап, жаңылоого умтулуп атса, экинчи топ реформатор жаштардын жаңы муунун бийликке коё бербөө максатында тил маселесине жамынып алып бут тосо баштаганын, алардын ким экени жакын арада белгилүү болорун билдиришти.

Данияр: Кудай ушундай жаратса, күнөөлүү эмеспиз да

Кыргызстанда адаттан тыш сексуалдык багытта жаралып калган адамдар укуктары басмырланып жатканы тууралуу эл аралык уюмдарга даттанышкан.


Алардын арызында милиция кызматкерлери, коомчулук тарабынан кодуланып жана кысымга алынып жатканы айтылат. Дал ушундай адамдардын бири, бисексуал Данияр “Азаттыкка” маек курду.

- Атым Данияр, мен бисексуалмын. Тагыраак айтканда, мен эркектер менен да, кыздар менен да бирдей мамиле кура алам. Өзүм 5 жылдан бери ЛГБТ коомчулугунда иштеп келем. Ал - лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар жана трансексуалдар коому.

Данияр 29 жашта. Ага жараткан адаттан тыш сексуалдык касиет ыроологонун 23 жаш курагында билиптир. Дал ошол убакта ал кыздарга эмес, эркектерге тартылуу сезими күчтүү экенин сезген.

- Көп гейлер бала чагынан эле башкача экенин билишкенин айтышат. Бул жагынан мен өтө кеч жетилдим деп айтсам болот. 23кө чыкканча мен кадимкидей эле кыздар менен ынак мамиледе жүргөм. Алтурсун үйлөнөйүн деген ниетим бар болчу. Бирок бир күнү мен бир балага жолугуп, ага ашык болуп калганымды сездим.
Албетте мен балалуу болгум келет, үй-бүлө күткүм келет. Эркек мененби, кыз мененби - мен үчүн маанилүү эмес, эң негизгиси сүйсөң болду.

Даниярдын эң жакын достору анын сексуалдык бөтөнчөлүгүн билишет. Ата-энеси жана бир туугандары сыртынан сыр билдирбегени менен, шекшип турушат деген ойдо.

- Биздин үй-бүлөдө баары түшүнүктүү болсо да эч кимиси ачык айтпайт. Мисалы, мен жакында эле бала асырап алуу жөнүндөгү каалоомду ортого салсам, бири да эмнеге деп суроо берген жок . Мен 29ка чыксам да үй-бүлө күтпөй жүргөнүм, ал гана эмес кыздар менен мамиле курбаганым деле бөтөнчө сексуалдык багыттагы адам экенимден кабар берсе керек. Албетте үй-бүлөгө ачык айтуу баарынан кыйын. Менин оюмча, түшүнбөстүк жана басмырлоо да үй-бүлө тараптан болот. Себеби эч бир ата-эне өз баласын лесбиянка же гей экенин элестете да, көтөрө да албаса керек. Алар бул көрүнүш тээ башка жакта, Батышта болот деп ойлошот жана "башка бирөөнүн баласы болсо да, меники андай эмес" деген ой менен жашашат.

Даниярдын айтымында, ЛГБТ коомунун өкүлдөрүнө үй-бүлөнүн, коомчулуктун моралдык кодулоосу сезилсе, ал эми тергөө органдары тараптан ар дайым материалдык жана күч кысымы көрсөтүлүп турат экен. Данияр иштеген коом жыл сайын эл аралык уюмдарга отчет жиберип турат. Мына ошол документтерден даттануулардын 80 пайызга чейинкиси тергөө органдарынын кызматкерлери тараптан болгон кысымдарга байланыштуу экенин байкашкан.
Эч бир ата-эне өз баласын лесбиянка же гей экенин элестете да, көтөрө да албаса керек.

- Эгерде милиционерлер баланын гей экенин билип калышса, дароо кодулай башташат. "Ата-энеңе, окуган жериңе айтабыз, болбосо баланча акча бер" деп сурашат. Өзгөчө өспүрүмдөрдү ушундай жол менен коркутуп, акча өндүрүшөт. Ал эми гей кокустан убактылуу кармоочу жайга түшүп жана анын гей экенин билинип калса, ага ошол эле милиционерлер сексуалдык зордук көрсөткөнгө чейин барышат. Менин таң калганым: эмнеге бала менен бала бири-бирин сүйсө, аны ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, басмырласа болот, ал эми милиционерлер ошондой ыплас жосундарга барышса, кадыресе көрүнүш болуп эсептелинет?

Үй-бүлө, коомчулук, тартип коргоо органдары тараптан болгон кысымдан Кыргызстанда адаттан тыш сексуалдык багыттагылар өзүн ачык алып жүрө алышпайт. Алар үчүн түнкү клуб ачылган, көбүнчө ошол жерден жолугуп, буктарын чыгарышат. Башка да чогулган жерлери бар. "Бул жагынан алганда айылда жашагандарга бир аз оор болот", - дейт Данияр.

- Айылдыктар Бишкекке келгенге аракет кылышат. Айрымдарынын келгенге мүмкүнчүлүгү жок. Алар өмүр бою айылда кысынып жашаганга аргасыз. Тилекке каршы алардын өздөрү да, аялдары да өмүр бою бактысыз болушат.

Мен сүйүүдө эч бир айырмачылыкты көрө албайм. Бизде сен кыз менен эле жашай алсаң анда эркексиң деген түшүнүк бар. Андай эмес, биз бул стереотиптен алысташыбыз керек. Бирок жакынкы убакта бул ишке ашпаса керек. Бир аз жылыштар болуп келатат. Бизди түшүнгөн жаштар пайда болду. Бул, албетте, сүйүндүрөт.
Эмнеге бала менен бала бири-бирин сүйсө, аны ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, басмырласа болот, ал эми милиционерлер ошондой ыплас жосундарга барышса, кадыресе көрүнүш болуп эсептелинет?

Данияр кыргыз коомчулугу адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдарга үйүр алып, ичине батырыш үчүн дагы кыйла убакыт керек деп ойлойт. Азыр өлкөдө бул адамдардын мамилесине бөгөт койгон эч бир мыйзам жок. "Бирок аларды кодулоо, басмырлоо боюнча жоопко тарткан мыйзамды киргизип коюшса жакшы болот эле" деп эсептейт. Данияр өз келечегин бакыбат үй-бүлөнүн ээси катары элестетет.

- Албетте мен балалуу болгум келет, үй-бүлө күткүм келет. Эркек мененби, кыз мененби - мен үчүн маанилүү эмес, эң негизгиси сүйсөң болду. Мен чет өлкөгө кетким келбейт. Балким акча табуу үчүн, үй-бүлөмдү багуу үчүн барып, иштеп келмекмин. Бирок мен Кыргызстанда эле калгым келет. Албетте айрымдар үчүн өз жакындарына ким экенин айтуу өтө оор, ошондуктан алар Орусияга же башка чет өлкөлөргө кетип калышат.

Данияр сыяктуу бөтөнчө сексуалдык багыттагы адамдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Алардын башын бириктирген ЛГБТ коому 90-жылдардан кийин түзүлө баштаган. Ал убакка чейин жашыруун чогулуп турушчу, анткени Совет учурунда эркек менен эркек ортосунда сексуалдык катнаш боюнча атайын кылмыш беренеси бар эле.

Кыргыздарда “гей”, “лесбиянка”, “бисексуал” деген түшүнүктөр болгон эмес, ошондуктан бул терминдердин теңдеш котормосу да жок дешти адистер. Ал эми Батышта азыр адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдар эч кимди деле таңдандырбайт. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бала менен балага, кыз менен кызга үйлөнүүгө, ал гана эмес экөөлөп бала асырап алууга уруксат берген мыйзамдар бар.

Коогалаңда жабыркагандар: Милиция опузалап жатат

Ошто июнь коогалаңында жабыркап, компенсация алгандар күч органдарынын опузасына кабылып, акчасын тарттырып жибергенин ырасташууда.

Бирок алар коркуткан кишилердин үстүнөн арыз жазуудан кооптонушууда.

Укук коргоочулар бул көрүнүштү тезирээк токтотпосо, кырдаалга терс таасирин тийгизе турганын эскертүүдө.

Ал эми орган жетекчилиги мындай фактылар дээрлик жок экенин ачыктоодо.

Оштогу адам укуктары боюнча "Эдвокаси" борборунун өкүлү Сахира Назарова күч органдарынан опуза көрүп, акчасын тарттырып жибергендер тууралуу буларды айтып берди:

- Соңку күндөрү милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан ар кандай опузага кабылып, акчасын тарттырып жиберген тургундар бизге аябай көп кайрылып жатат. Эң өкүнүчтүүсү алардын дээрлик баары 2010-жылкы июнь окуясында жабыркап, анан мамлекет тарабынан компенсация алгандар. Алар дирекциядан акча алаары менен күтүп тургансып "күч органдарынанбыз" деп өзүн тааныштырган, формачан адамдар кирип, белгилүү бир өлчөмүн алып кетишет экен.

Назарованын белгилешинче, опузага кабылгандардын арыздары каралбай келет:

- Бул маселени көтөрүп чыгып, иликтөөгө алуу кыйын. Анткени кайрылгандар аларды коркуткан кызматкердин атын, өздөрүнүн атын ачык айта алышпайт. Ишеним жоктугунан кайра эле ошол прокуратура, же милицияга да арыз менен кайрылбайт. Менимче бул көйгөйдү чечүү үчүн күч органдары менен карапайым калкты ачык диалогго алып келиш керек. Антпесе бул кырдаалды татаалдаштыргандан башка пайда алып келбейт.

Ошол эле кезде укук коргоочулар тартип сактоо кызматкерлери жарандардын канча акчасын тартып алып жатканын ачыктаган жок. Тургундар журналисттерге же башка бирөөлөргө да айтуудан кооптонушат. Оштогу журналист Салтанат Файзуллаева буларды айтты:

- Кадимкидей форма кийген, автомат кармаган кишилер үйгө түз эле кирип келишет. Анан ар кандай шылтоолорду айтып, үй ээсин коркута баштайт. Берки тургун эч ким жардам бербей турганын билгенден кийин дароо эле акча берип кутулууну туура көрөт. Мамлекеттин жардам бергени эмнеси да, кайра башка жолдор менен жабыр тарткандарды тоноп алганы эмнеси? Тиешелүү органдар бул көрүнүшкө тезирээк чекит коюшу керек.

Өзүн Салижан деп тааныштырган Оштун Черемушка кичирайонунун тургуну формачандар жабыр тарткандарды көчөдө да опузалап жатканына токтолду:

- Ушул жердеги аскердик бөлүктөн 4 жоокер чыгып, балдарды кармап алышып, жанындагы тыйындарын, телефондорун тартып алышкан. Колдорунда тапанча бар дейт. Кичинекей немелер коркуп калышыптыр. Акыры качып атып, араң кутулушуптур.

Коогалаңда жабыркаган ишкер айым
Коогалаңда жабыркаган ишкер айым
Ал эми күч органдары мындай фактылар дээрлик жок деп кабарлоодо. "Анча-мынча болгондордун үстүнөн арыз жазып кайрылбаса, биз аларды кантип териштиребиз" дейт шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков:

- Беш кол тең эмес. Мен бардыгынын телегейи тегиз деп айткандан алысмын. Биздин кээ бир кызматкерлер кээде ушундай жолдорго барып, жалпы милициянын бетине көө жаап койгон учурлар бар. Бирок жабыр тарткандар жетекчиликке, же прокуратурага арыз менен кайрылсын. Анан далили жок эле ушинтип айтып чыга берген туура эмес. Укук коргоочулар кыйкырып, айтып чыккан фактыларды деле текшере келсең көбүнчө туура эмес болуп чыгат.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы маалымдагандай, ушул кезге чейин этностор аралык кагылыштан жабыр тарткан 2 миңден ашык ишкер 50 миң сомдон кайтарымсыз акчалай жардам алса, дагы 681 ишкер 150 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген ссуда алган эле. Мындан сырткары жакындары набыт болгон жана жоготуп алган 400дөн ашык адам 1 миллион сомдон компенсация алган.

Көртирликке көмүлгөн бакыттар

Аян Осмонов
Алардын курагы, балким жыйырмада, балким беш-беш жыл ашыгыраак. Ойлору болсо отуз-кырктын кырын ашып кеткен. Кээ бири "эл катары" болом деп жанын сабап, кээси "элге аралашуу" үчүн жеке жашоосунан эбак кечип салган. Сөздөрү да оор, эскиче айтканда, "жашабай" жатып, балээнен баарын башына үйгөн. Же бул бүтпөгөн күнүмдүк тирлик өмүрүнүн акырына чейин тизмектелген жалгыз максат болуп. Тушоо кесүү керек, туулган күнгө баруу керек, кайын журттун жакшылыгына (жамандыгына) көрүнүктүү нерсе көтөрүп баруу керек. Тыйын табуу керек кошумчага. Өткөндө кошкон акчасынан бир тыйын кемитпей кошуу керек. Керек, керек... Эс алуу керек, жеке турмушума кароо керек, бактылуу болуу керек деген жок бул "керектер" тизмесинде. Же ичибиздеги балалыкты батырбай көпкө, батыраак "токтолуп" элге аралашуубуз керек. Керектерге кор болгон кайран гана балалык!

Кичинебизден "чоңойгондо билесиң, угасың, түшүнөсүң" деп мээбизге куя беришип, батыраак чоңоюу үчүн бул "жек көрүндү" балалыгыбыздан эртелей кечип кетип, дароо "оор басырыктуу" жана "токтоо" болгубуз келет. Кыялга, бейгам сезим бөлөнгөн баёо балагыбызды муздак жана эсепчил сезимге алмаштырууга ашыгабыз.

А өмүр? А бакыт? А сүйүү? Алар тойдон тойго чейинки көз ирмемде калса калат, же күнүмдүк санааларга көмүлүп калгандай. Миңдеген мигранттар балдарынын, башкалардын бактылуураак, татыктуураак өмүрү үчүн жанын сайып койгондой. Өзүнүн бактысы курмандыкка чалынгандай башкалар үчүн. Ал эми күнүмдүк көртирлик бүтпөйт да, түгөнбөйт да. Айтылуу Алыкулдун ырындагы

"Тоого тоолор курамалап, курашып,
Узун тартып уламалап улашып"
деген сымал тойлор тойго уланып, чеги жоктой.

Аяш энемдин окуясы бар, эстен кеткис болуп сезимде изи калган. Ал киши ооруду көпкө, жан айласы менен алпурушуп төшөктө жатып, улуу кызына айтпайбы ооруканага барсамбы деп. Кызы ушунчадан жашырган сырды айтыптыр чыдабай: “Мам, сиздики айыккыс оору, рак да”. Апасы бул кара кабарды абдан токтоо кабыл алыптыр:”Аа, ошондойбу? Билсем кичине вино ичип коймок экенмин да”... Андан соң чакырып жубайын: “Сен эми өзүң үчүн жаша, ойлобо башкаларды, турмуш кур жаңыдан”, - деп коштошуптур... Элүү жылдык өмүрүнүн соңунда, оорудан алсыз төшөктө жатканда, балким, арттагысына башкача көз менен карагандыр... Балким, көртирликке көмүлүп өтүп кеткен өмүрүнө башка өңүттөн сереп салгандыр...

Балким, бир күнү "эл эмне дейттерди унутуп", өз каалаганыбыздай күлүп, жыргап, короодогу күчүгүбүз менен томолонуп ойноп, өмүргө сүйүнүп, сүйүүгө бөлөнүп жашаарбыз... Узак болбосо да, бир күнгө, бир жумага. Бактылуу күндөрүбүз жетсин бүт өмүрүбүзгө!

Аян Осмонов, Жапония, Токио шаары.

Фотоблог: Кеттик... балалыктын дүйнөсүнө

Учкаш, Ат-Башыга алып барам!
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00
Саясий башпаанек алып Финляндияда жүргөн журналист, фотосүрөтчү Асыран Айдаралиев өздүк архивин аңтарып, “Азаттыкка” Кыргызстанда жүргөн учурда тарткан балдардын сүрөттөрүн жиберди. Сүрөттөрдүн көбү Ат-Башыдан тартылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG