Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:30

Кыргызстан

Кыргызстан жашыл өлкөлөрдүн тизмесинде 101-орунда

Бишкектин эмен багындагы санаага салган сары жалбырактар.

АКШдагы Йел университетинин дүйнө өлкөлөрүндө экологияны коргоо боюнча иликтөөсүндө Кыргызстан коңшуларынан алдыда.


Бул көрсөткүч Борбор Азиядагы коңшуларына салыштырмалуу Кыргызстан айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасайт дегенди билдирет. Бирок иликтөөдөгү белгилүү бир категориялар боюнча алып караганда, Кыргызстан Тажикстан менен Өзбекстандан артта калган.

АКШдагы абройлуу Йел университети Дүйнөлүк банк, Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттардын маалыматтарына таянуу менен түзгөн экологиялык индекстин максаты - тигил же бул өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо саясатындагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин бөлүп көрсөтүү.

Йел менен кошо Нью-Йорктогу Колумбия университети жана Швейцариядагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун адистери бирге жасаган иликтөөнүн жүрүшүндө 132 мамлекеттеги экологиялык кырдаалды он категория боюнча карашкан.

Экологдор Кыргызстанда ак илбирстин тукуму үзүлүүдө деп коңгуроо кагат
Экологдор Кыргызстанда ак илбирстин тукуму үзүлүүдө деп коңгуроо кагат

Алар: айлана-чөйрөнүн тазалыгы, булганган суу менен абанын адамдын ден соолугуна жана экосистемага тийгизген таасири, биотүрдүүлүк жана табият, токойлор, балыкчылык, айыл чарбасы, суу ресурстары, климаттын өзгөрүүсү өңдүү чөйрөлөр.




Йел университетиндеги илимий долбоордун директору Анжел Хсю Кыргызстандагы экологиялык кырдаалга мындайча баа берди:

- Менимче жалпы жагдай Кыргызстанда жаман эмес. Тенденциялар индексине келгенде абдан төмөнкү орунду алганы (132 өлкөнүн ичинен 127-орун) ал көптөгөн категориялар боюнча кандайдыр бир алгалоону көрсөтпөгөнү менен түшүндүрүлөт. Акыркы он жылдыкта Кыргызстан негизинен туруктуу жана бир калыпта кетүүдө. Мындан сырткары климаттын өзгөрүүсү боюнча айрым дурус кадамдарды жасады. Акыркы он жылда энергияны кайра калыбына келүүчү булактардан алуунун үлүшү көбөйдү. Андыктан мен Кыргызстандагы кырдаал коңшу Казакстандагыдай деп ойлобойм.

Кыргызстан иликтөөдө камтылган 132 өлкөнүн ичинен 101-орунда. Коңшулардан Тажикстан 121, Казакстан 129, Өзбекстан 130, Түркмөнстан 131-орунга жайгаштырылган.

Көмүр жакпагандын пайдасы

Анжел Хсю кошумчалагандай, бүткүл дүйнө боюнча акыркы он жылда таза сууга жана санитардык стандарттарга жетүү жагы жакшырды. Бирок көп өлкөлөр башка чөйрөлөрдө, анын ичинде климаттагы өзгөрүүлөрдүн кесепетин азайтуу жагынан артка кетишти.

Маселен, Казакстанда абага чыккан булганган газдардын көлөмүнүн рекорддук чекке чыгышы - быйылкы тизмеде кескин ылдыйлап, 129-орунга түшүшүн шарттаган башкы факторлордун бири болгон:

- Казакстан климаттын өзгөрүшү жана абанын тазалыгы боюнча эң төмөнү көрсөткүчтү берди. Бул алар көмүргө көбүрөөк көз каранды экендигинде. Абага чыккан көмүр кычкыл газынын 45% көмүр менен иштеген электрстанциялардын үлүшүнө туура келүүдө. Мен байкагандай, аларда энергетика секторунда кайра калыбына келип туруучу булактардан алынуучу энергияны колдонууну кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясат жокко эсе.

Жашыл өлкөлөрдүн жаңы тизмесинде аягынан караганда экинчи орунда жайгашкан Түркмөнстанда уулуу газдардын бөлүнүшү, таза суу менен абанын сапаты, таштандыларды зыянсыздандыруу, айыл чарбасындагы сугат жагынан чоң көйгөйлөр бар.

Биотүрдүүлүк азаюда

Тажикстан менен Өзбекстан жалпы тизмеде Кыргызстандан артта турганы менен Йел университетинин иликтөөсүндө эске алынган айрым категориялардын оңолушу жагынан Кыргызстандан алдыда. Өзбекстандагы терс көрүнүштүн бири катары биотүрдүүлүктү сактоо боюнча иштин начардыгы айтылган.
Кыргызстан негизинен туруктуу жана бир калыпта кетүүдө. Климаттын өзгөрүүсү боюнча айрым дурус кадамдарды жасады

Экология агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат боюнча башкармалыгынын башкы адиси Бекболот Маматаиров Кыргызстанда мындан үч жыл мурда Кызыл китеп жаңыланып, анда жоголуп бараткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн саны көбөйгөнүн белгилейт:

- Жаратылышта жоголуу коркунучу бар деген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын саны көбөйдү. Кызыл китептин мурунку басылышында алардын саны 180дин тегерегинде болчу, азыр 202. Алардын санынын кыскарып бараткандыгында албетте, адам факторунун да салымы бар, бирок көбүнесе климаттагы өзгөрүүлөрдүн таасири тийүүдө.

Ал эми жалпы дүйнөлүк алкакта Йел университетинин быйылкы тизмесинде табиятка өтө аяр мамиле жасаган алдыңкы беш өлкөнүн катарында Швейцария, Латвия, Норвегия, Люксембург жана
Коста-Рика турат.

Бүргөндү: "сөөгү" кыргыздыкы, "эти" өзбектики

Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ ишканасы. Бүргөндү өрөөнү.

Мунай, газ кендери жаткан Бүргөндү аймагын Кыргызстанга кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө.

Баткен облусундагы бул аймак Кыргызстанга тиешелүү болсо да, Өзбекстан иштетип, пайдасын көрүп жатат деп, парламент депутаттары өкмөттү сынга алууда. Өкмөт болсо чара көрүлүп жатканын айтат. Ошол эле кезде адистер кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилмейин Бүргөндүнүн кайра кайтаары күмөн дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Кочкоровдун айтымында, Бүргөндү аймагындагы газ, мунай өндүрүлүүчү жайларды Кыргызстанга өткөрүп берүү эки өлкө башчыларынын деңгээлинде чечилген. Ага карабай Өзбекстан тарап газ менен мунайды өндүрүп, ташып кетип жатат:

- Баткендеги Бүргөндү өрөөнүндө жайгашкан газ жана мунай чыккан жайлар толугу менен бизге өткөрүлүп берилиши керек эле. Тилекке каршы 20 жылдан бери бул маселе чечилбей келе жатат. Муну биз Жогорку Кеңешке алып чыгып, 2011-жылы, майда токтом кабыл алынган эле. Анда биз өкмөткө тезинен бул жайларды өткөрүп берүүнү тапшырганбыз. Бирок бул токтом аткарылбай жатат.

Эл өкүлүнүн айтымында, өкмөт бул маселени тезинен чечпесе, Бүргөндүдө жашаган эл газ жана мунай казып алып жаткан өзбек ишканасын күч менен сүрүп чыгарууга барышы мүмкүн.

Бүргөндү маселеси эки мамлекет ортосунда эгемендикке жеткен жылдардан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Өзбекстан Бүргөндүдөгү газ жана мунай чыгуучу 7 жайды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул болгон. 2002-жылы бул 7 жайдан төртөөнү гана өткөрүп берген. Бирок бул төрт жайды Кыргызстанга өткөрүп алууда андагы 194 кудуктун 190у жараксыз абалда болгон.

Иштеп турган эки кен бургулоочу жайды жана Өзбекстан мунай сактоочу кампаны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси болсо кийинкиге калтырылып, ошол бойдон чечилбей келет.
2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева убагында өткөрүлбөй калган “Түндүк Сох” жана “Чоңгара-Галча” мунай бургулоочу жайларын өткөрүп алуу тууралуу буйрук чыгарган. Бирок бул жайлар азыркыга чейин кайтарыла элек.

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиевдин айтымында, учурда аталган жайларды Өзбекстан толук кандуу иштетип, Кыргызстан аймагындагы “кара алтынды” каалагандай ташып жатышат. Бул үчүн Кыргызстанга бир да тыйын төлөнбөйт:

- 1948-жылдан бери Бүргөндүдө ушул жерде 1,5 млрд. мунай газды камашат. Ошондуктан Фергана өрөөнүнүн жана Ош облусунун тургундары газ менен ушул кампанын эсебинен камсыздалат. Бул үчун Кыргызстанга бир сом да салык, ижара акысын төлөбөйт. Мындан улам мен кат менен Ташкентке, “Өзбектрансгаз" ишканасынын башкы директору жана Кыргызстандын салык инспекциясына кайрылгам. Бирок чек арадагы делимитация жана демаркация бүтпөгөндүктөн жооп бербей жатат. Негизинен делимитация жана демаркация болуп, ал биздин айыл өкмөттүн аймагынан ичкери 6 км. бери жайгашкан.

Чек ара чечилсе, Бүргөндү да чечилет

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Курбанбай Искандаровдун билдиргенине караганда, Бүргөндү өрөөнүндөгү талаштуу жерлердин башы ачыла элек. Анын айтымында, бул маселе февраль айына болжолдонуп жаткан эки тараптуу комиссия отурумунда каралганы жатат.

Газ менен мунайы бар, 262 гектар аянтты ээлеп жаткан бул аймактын Кыргызстанга таандык экенин Өзбекстан деле тааныган. Бирок “ар кандай шылтоону карманып, эки кен бургулоочу жайды жана мунай сактаган кампаны өткөрүп берүүнү атайлап эле создуктуруп жатышат” дейт өкмөттүн өкүлү.

Көз карандысыз адистер эки мамлекет ортосундагы делимитация жана демаркация иштери толук аяктамайынча Бүргөндүнү кайтарып алуу тууралуу бир тараптуу аракеттерден кандайдыр бир майнап чыгаарына ишенишпейт.

Бүргөндү өрөөнүндөгү газ менен мунай чыккан жайларга байланыштуу бир катар сырдуу жагдайлардын арбын экени айтылууда. Бүргөндүдөгү кендерди иликтөөгө алган “Эр айдоочу” бейөкмөт уюмунун төрагасы Качкын Булатов бул иштерге жогорку бийлик төбөлдөрүнүн катышы бар деген ишенимде:

- Бул жерде эки жүзгө жакын мунай газ чыккан бургу орношкон, анын баары Өзбекстанга карайт. Бүргөндүнүн тегерегиндеги айылга берилип жаткан газдын акчасын Кыргызстан албайт. Кен чыккан жайларда күчтүү мафия отургандыктан эч ким кире албайт, эмне болуп жатканы тууралуу да маалыматтарды алууга мүмкүн эмес. Мен муну изилдөөгө аракет жасагам. Менин баамымда, биздин мамлекеттин газ өндүрүш жаатындагы жетекчилеринен айрымдар өзүнчө акча алып коюшуп, унчукпай бардык маселени көмүскөдө калтырып жатышат.

Өлкөнүн Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин берген маалыматы боюнча, Кыргызстан өткөрүлгөн төрт газ мунай чыгуучу жайдын бирөөнүн гана запасы аныкталган. Калган үч жайда чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Өзбекстан иштетип жаткан эки кенде канча мунай-газдын запасы топтолгону тууралуу маалымат жок.

Абактарга өзгөчө режим киргизилиши мүмкүн

Кыргызстандын түрмөлөрүндө он күндөн бери уланып жаткан ачкачылыкты токтотуу максатында абактарга өзгөчө режим киргизилиши мүмкүн.

Жаза аткаруу кызматынын билдиришинче, учурда өзгөчө режим киргизүү боюнча башка министрликтер менен макулдашуу иштери жүрүп жатат. Ал эми абактагылардын жакындары өзгөчө абал киргизүүгө каршы болушууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, эгер күчөтүлгөн режим киргизилсе, камактагылардын айрым укуктары чектелип, кайтаруу дагы күчөтүлөт.

Маселен, телефон байланышына, жакындары менен жолугушууга, маданий-агартуу иштерине, медициналык кызмат көрсөтүүгө жана абактын ичинде иштегендердин жумушка чыгуусуна чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Юстиция жана Ички иштер министрликтерине, ошондой эле эле Башкы прокуратурага өзгөчө режим киргизүү боюнча макулдашуу кагазын жөнөттү. Эгерде алар макулдугун беришсе жана камактагылар ачкачылыгын токтотпосо, анда жакынкы мезгилде өзгөчө режим киргизилиши мүмкүн.

Дубайдан буйрук болгонбу?

Аталган мекеменин билдиришинче, ачкачылыкты абактагылардын бардыгы эле колдоого алган жок. Айрымдарын абактардагы кылмыштуу топтордун башчылары зордоп тамактан баш тарттырууда. Мындай ойго акыйкатчы Турсунбек Акун да кошулат.

Акыйкатчы №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековго кат жолдоп, ачкачылыкты аталган тергөө абагындагы Бекболот Чапкынчиев, Кундузбек Садыбакасов жана Иминахунов аттуу адамдар уюштуруп жатканын маалымдаган. Акыйкатчынын катынын негизинде 27-январда аларды тинтүүгө алышты.

Турсунбек Акун буларды “кримавторитеттер” кармалчу №50 абакка которуу керектигин белгиледи:
- Ушулар камактагы башка адамдарга кысым көрсөтүп, коркутуп-үркүтүп, ”ачкачылыкты токтотпогула” деп жатат. Көрсө алар чет жактагы, Дубайдагы “авторитеттерден” көрсөтмө алат экен. Бирок 50-абакка которуу үчүн соттун чечими керек экен. Бүгүн алар отурган камераларга тинтүү жүргүзүштү, баарынын телефондору бар экен. Ага биздин балдар да катышты. Азыр алардын баарын бир-бирден жертөлөдөгү камераларга камап салышты.

Тартип коргоо органдары кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери деп, Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияевге издөө жарыялаган. Учурда алардын Бириккен Араб Эмиратында жүргөнү айтылып келатат.

Акыйкатчынын айтымында, абактарга өзгөчө режим киргизүү зарыл. Бирок баары мыйзам чегинде жүрүш керек.

- Өтө катуу кетиштин кереги жок. Ошентсе да өзгөчө режим киргизүү зарыл. Бирок ошонун баары мыйзам чегинде гана жүрүшү керек.

“Өзгөчө режимге каршыбыз”

Жаза-аткаруу кодекси боюнча мындай шартта өзгөчө режимдин узактыгы 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Ал эми абактагылардын жакындары өзгөчө абал киргизүүгө каршы болууда. Уулу камакта отурган Динара Абдрахманова:

- Балдарыбыздын баары он күндөн бери ачка отурса, анан алардын үстүнөн дагы өзгөчө режим киргизип салса кандай болот? Бул басмырлоо, адам укугун тепсөө болот.

Ал эми камакта отургандардын биринин адвокаты Назгүл Алымова камактагылар мыйзамдуу жана жөндүү талаптарды билдирип жатат деп эсептейт.

- Өзгөчө режимдин кажети жок. Болгону алар эмне каалап жатканын угуп, мунасага келүү керек. Бир гана сүйлөшүү аркылуу чечүү керек, болбосо абал мындан да курчуп кетет. Алардын негизги талабы жөнөкөй, турмуш-тиричиликке байланыштуу талаптар.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык акциясына катышкандардын жана оозун төөнөп алгандардын саны кыскарууда деп ишендирүүдө. 26-январда №1 тергөө абагында оозун төөнөп алгандардын саны 391 адам болсо, 27-январга карата алардын 191и ооздорун чечишкен. Ошентсе да ачкачылыкта дагы эле 6 миңден ашуун адам отурат. Оозун тигип алгандардын саны бул күнгө карата миңден ашат.

Алиша Диа: Сүйө бил!

21 жаштагы актриса Алиман Дүйшеналиева Кыргызстанда тартылган “Сүйө бил” аттуу жаңы тасмадагы башкы ролдордун бирин аткарган.

Алиман шоу-бизнесте Алиша Диа деген ат менен таанылып келатат. Биз Алиша менен Москвадагы кафелердин биринде маектештик.

“Москвага ата-энеме учуп келгем. Алар да чыгармачыл адамдар, ГИТИСти бүтүрүшкөн, апам – актриса, атам – режиссер”.

Алиша билими боюнча дипломат. Бирок окуусун улантпай эле "актриса болом" деп чечкен.

Буга чейин бир нече тасмада ойногон, анын ичинде кыргызстандык “Кызыл көйнөкчөн-2” триллеринде жана казакстандык сериалда тартылган.

“Мага тасмаларда роль аткаруу абдан жагат, дипломаттыкка бекер эле тапшырган экенмин, айтор актриса болом”, - дейт Алиша.

“Сүйө бил” тасмасынын режиссеру Адилет Акматов Кыргызстанда Жеки Чан деген атка конгон, себеби ал – каскадер. Тасманын продюсери Каарманбек Кулуевдин айтымында, фильм action жанрында тартылган.

“Тасмадагы башкы ролду үч кыз ойнойт. Алар эркектерге аябай жинденген. Себеби мен ойногон Жылдызды анын жигити зордуктап койгон. Башка эки кыз менен да жаман окуялар болгон. Алар таанышып калып, бардык эркектерден өч ала башташат. Менимче бул биздин коомдогу кыз-жигиттердин ортосундагы мамилелерди кичине болсо да чагылдырат. Феминисттик турум десем жарашат. Бирок акырында баары бир сүйүү жеңет”, - дейт Алиша.




“Сүйө бил” тасмасы “баары бир сүйүү бар” деген ойду берет. Бюджети 15 миң долларды түзгөн мелодрама 14-февралдан (Ыйык Валенти күнү) тарта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Азыр кинотоп “Фейсбук” социалдык тармагында атайын бет ачып, бекер билеттерди ойнотуп жаткан кез.

Жылаңач баатыр

"Бишкекте кызык адамдар бар экен" деп коюп унчукпай калды. Билем, бул анын "ии, анан" деп коштоп кетүүмдү күткөндөгүсү. Ошенттим, ал болсо андан ары түшүн айтып берип жаткансып шыр кетти:

"Автобустабыз. Автобус токтоп турат. Шоопур өжөрдөнүп "толбосо айдабайм" деп кебелбейт. А тигиндейрээкте жалгыз жигит турат. Биз отурган автобуска түшчү ою жок. Чыдамы кеткен бирөө ал жигитке "сен кайда барасың, кел, отурбайсыңбы, тезирээк үйгө жетип алалы", деп суранды эле ал макул болуп отуруп алды... Кызык бекен?"

Бара турган жерине алпарбай турган автобуска жөн гана "элдер үйлөрүнө жетип алсын" деп отуруп алган жигиттин окуясы кызык болчу. Ошентсе да,

"Башка жакка бара турган бирөө кантип эле силердин автобуска отуруп алды?!", - дедим ишенбей.

"Кеч кирип бараткан болчу, ошончо адам үйүнө эртерээк жетип алсын деп боору ооругандан эле отуруп алды, чынында ал башка жакка бармак", - деп андан бетер кооздоп салды.

"Балким автобус анын үйүнөн көп деле алыска бармак эместир, мисалы, 200 метр жөө баскысы келбегендир. Өзүң айтпадыңбы, кеч кирип бараткан болсо башка унаа жок калып көчөдө калбайын деп ойлогондур. Балким автобуска эмес, маршруткага түшкүсү келгендир. Элдер үйүнө кеч калбасын деп боор ооруп, таптакыр башка жакка бара турган автобуска отуруп албайт эч ким!"

"Ал башка жакка бармак", - деп ансайын көшөрдү. "Мен аны баргыча байкап бардым. Бир жерден түшүп калды да жолдун ар жагына өтүп тескери тарапка кетчү маршруткалардын бирөөсүнө отуруп кетти".

"Апенди чалыш неме го анда?!"

"Менимче туура кылды. Адамдарга пайдасы тийди да..."

Маектешим көп жылдык досум болгондуктан анын мындай өзгөчө ой жүгүртүүсүнө көнүкмүн. Бул жолу да "адамдарга пайдасы тийди, демек туура кылды" деген теориясына таң калган деле жокмун. Болгону, "эртеден кечке канча деген автобустар толбой жүрөт, анысын кесип кылып алсын анда, улам бирөөсүнө түшүп", деп тамашага салдым да, тамашамдын супсак экенин сезе унчукпай калдым. Кеп ошону менен бүттү.

Анкаранын үңкүйүшкөн имараттары сур тартып сүрдүү болгон менен суз. Ал имараттарда ар дайым наалыма, ар дайым жашоосуна нааразы Анкаранын бюрократ эли жашайт, иштейт. Алар көчөдө, метродо, автобуста дайыма кабактары салыңкы, бири-бирине мамилелери сылык, бирок муздак... Шаар өзү муздак. Мупмуздак. Ошол муздак шаардын муздак кыял адамдарынын арасында мен да эл катары муздак болгонду үйрөнүп алдым. Кайда жүрбөйүн теребелге көңүлкош таризде, тек гана ойго батам, алаксымакка. А алып учкан ойлордун бир жеринде сөзсүз кылт этип алиги окуя түшөт оюма. "Ошондой кантип болсун" деп ишене албай туруп "а балким жаңылыш көрүп, же каңырыш угуп алгандыр" деп коём. Минтип өзүмдү сооротконум менен кайра эле эске түшөт бир башка күнү.

Бара-бара, акырындык менен чын эле "эл үйүнө жетип алсын" деген болсочу деп ойлой баштадым. Мен эч качан антип элди ойломок деле эмесмин, бирок арабызда ичкен ашын коё туруп элди ойлогондор бар экенин билүү жагымдуу болчу, алардын кимдер экенин билбесем, көрбөсөм да...

Канча өттү билбейм, оо кыйладан кийин, жыл айланып калган соң, ошол эле студенттик жатаканада, ошол эле отурган ордубузда отуруп баягы досум:

"Бишкекте болгон бир кызык окуя айтып берейинби?"

"Ии, айтчы".

"Бир күнү аялдамада турсам..." деп баратканда эле каткырып жибердим.

Калыбай Сайдинов. Түркия. Мармарис.

Ырыс да, ынтымак да үйдөн башталат

Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланды. Ушул тема "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

Катышуучулар: Акын, Кыргызстан маданиятына эмгек сиңирген ишмер Меңди Мамазаирова, коомдук ишмер Бөрүбай Жураев жана мурдагы депутат, "Доор эли" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Президенттин кеңешчиси Султан Раев: Мамлекеттин өзөгү – үй-бүлө болуп эсептелет. Ошондуктан анын жашоо-тиричилик гана эмес, саясий да мааниси бар. Мамлекетте ынтымак-ырашкерликти орнотмоюн биздин экономикабызда да, турмушубуздун башка чөйрөлөрүндө да жылыш болбойт. Жаш үй-бүлөлөргө жардам берүү багытында да, социалдык жардам боюнча да көптөгөн маселелер каралыш керек. Кыргыз элинде бири-бирибизге сабырдуу, кечиримдүү болуу деген чоң касиет, сапат болгон. Ошол жагынан караганда ар бир нерсеге толеранттуу көз карашты орнотушубуз керек. Ар кандай сын-пикирлер бар, бирок адамдар адамдарга, пейил пейилге, жүрөк жүрөккө карата дегендей, бири-бирибизге коңултак сезимде тура бербей, аракет кылып бир нерседен башташыбыз керек

Меңди Мамазаирова
Меңди Мамазаирова
“Азаттык”: Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланганын бир топтору жакшы баалап жатышат. Бирок бул жарлык дагы көп кагаздын бири болуп, жасалма болуп калбас бекен деген күмөн ойлор да жок эмес. Анткени июнь окуяларында бир жыл бою эки элди элдештирүү жараяндары жүрүп, эл алдында кучакташып, чапан, калпак кийгизген менен тескери караганда баягы эле турмуш деп көп сындалган. Ошондой болбош үчүн конкреттүү кандай аракеттерди жасаса болот?

Меңди Мамазаирова: Үй-бүлө - кичинекей мамлекет, анын сыры, жыргалы менен кууралы өзүнүн ичинде жакшы сакталыш керек экени илгертеден эле айтылып келатат. Акциомага айланып кеткен сөз чындыгынан бузулбайт. Ошондуктан эң биринчиден үй-бүлөнү чыңдаш керек. Ал үчүн эмне кылыш керек? Айрыкча жаш үй-бүлөлөрдүн бекемдигин сактоого аракет кылыш керек. Ажырашуу көбөйүп, ынтымак болбогондон кийин мамлекеттин негизи болбой калат.

Ал эми ынтымак деп айтканыбыз менен элдин жүрөгүндө кек бар. Ошондуктан жаман окуяларды, көрүнүштөрдү, улут аралык ажырымдарды чыгарган бузуку, сепаратисттерди таап, жазасын бергенде гана элге, ар бир адамга канааттануу келет. Калың эл эч качан жамандыкты каалабаганын түшүнгөндөн кийин ынтымак өзүнөн өзү келет.
Бөрүбай Жураев: Үй-бүлө жылы деп ушуга көңүл бурулганы абдан жакшы иш болду. Айрыкча коогалаңдан кийин үй-бүлөлөр кыска убакта той өткөрүп, коркконунан жаш кыздарын күйөөгө берип жиберишкен. Үй-бүлөлөр өтө тез түзүлүп калган. Алар бекем болбостон, көптөрү бир жыл, алты айга жетпестен ажырашып кетишти.

Тойлорду карап отуруп, үй-бүлө бекем болсо, коом да бекем болот деген ойго келип атам. Мусулман мамлекеттердин көбүндө бала төрөлгөндөн кийин эле пайдубал даярдалат. Алар чоңоюп, окууну бүткөндө каякка барат, эмне кылат, каякта жашайт деген маселе башынан эске алынат. Насыя берилип, эсеп ачкан тажрыйба колдонулат.

Бизде жаш үй-бүлөгө эч бир жеңилдик жок. Ал эми кайсы жерде акыйкаттуулук, адилеттүүлүк болсо ошол жерде ынтымак болот. Көп саясат сөздө эмес, ишке өткөндө жакшы болот. Азыр бизде сөз көбүрөөк, иш азыраак болуп атат.

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2,5 миллионго жакын. Ошол эле учурда өлкөдө 100 миңге жакын үй-бүлө болсо, анын 81% жакынында 18 жашка чейинки балдары бар.

Гүлжамал Султаналиева
Гүлжамал Султаналиева
Статистикага кайрылганда жалгыз бой үй-бүлөлөр көп болууда. Мисалы, 2008-жылдагы статистика боюнча 100 миң үй-бүлөнүн 47% жакыны же энеси, же атасы гана барлар. Андан сырткары эч кандай никеси жок төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Кыргызстанда каттодон өтүп үйлөнгөн ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат экен. Ал эми бизде каттоодон өтпөгөн канча үй-бүлө бар?

Бүгүнкү күндө үй-бүлө саясатында мамлекеттик деңгээлде эч кандай көңүл бурулбагандыктан ушундай көрүнүштөр болууда. Бирок бул жардыктын чакыруусу, логосу жаккан жок. Үй-бүлө деген менен тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк деген дал келбей жатат. Албетте буга маселеге президенттин деңгээлде көңүл бурулуп жатканы жакшы.

Бирок ошол эле учурда жыл башталганына бир айдан кийин жарыяланып атат. Бул мамлекеттик деңгээлде пландоо, анализ, алдын ала байкоо деген жок экенин көрсөтүүдө. Эми бул жөн эле номиналдуу түрдө айтылып калбай, аягына чыгарылса жакшы.

Сөз эркиндиги жоопкерчилик менен айкашпай жатат

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Кыргызстанда сөз эркиндиги мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшырганын жарыялады.

Уюмдун баяндамасына ылайык, дүйнөдөгү 179 өлкө ичинен Кыргызстан 108-орунду ээледи. Айрымдар мындай көрсөткүчтү жетишкендик катары баалаганы менен, көпчүлүк адистер жоопкерчилик жагынан өксүк болуп жатканын айтышууда.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун баяндамасында Кыргызстанда сөз эркиндиги жаатында абал жакшырып, былтыркы ээлеген 159-орундан 108-орунга секирик жасады. Мындай жол менен Кыргызстан Боливия, Либерия жана Түштүк Судан сыяктуу өлкөлөр менен куйрук улаш орун алды. Маалымат айдыңындагы абалдын салыштырмалуу оңолушун адистер өлкөдөгү демократиялык нукка умтулуулардан көрүп жатышат.

Өкмөттүк "Кыргыз туусу" гезитинин редактору Бакыт Орунбеков мындай кескин секирикке 7-апрелден кийин өлкөдөгү өзгөрүүлөр өбөлгө болду деп эсептейт:

- Буга биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясаттын демократиялык негизге бурулушу өбөлгө болду. Себеби акыркы эки жылда журналисттердин ишине байланыштуу анча-мынча тентектик окуяларга байланышкан жагдайлар болбосо, жалпысынан өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөр сөз эркиндигине жакшы эле мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Ал ортодо айрым адистер сөз эркиндиги жадыбалындагы алга жылыштарды мамлекеттик телеканалды коомдукка айландыруу, Кылмыш-жаза кодексиндеги ушактоо жана мазактоо үчүн журналисттерди жазага тарткан беренелердин алынып салышы менен байланыштырып жатышат.

"Чек арасыз кабарчылар" Борбор Азия өлкөлөрүндө бул жаатта чыңалуу күч экенин жазып чыкты. Ошентсе да сөз эркиндиги индексинде акыркы орундарды ээлеген Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандагы өзгөрүүлөр туруктуу болооруна кепилдик беришкен жок.

Эркиндик бар, жоопкерчилик кана?

Медиа эксперт Жыргалбек Касаболотов эркиндик менен жоопкерчилик айкашпай, ЖМКга калктын ишеними төмөндөгөнүн белгилейт:

- ЖМКнын ишинин сапаты тууралуу сөз болуп жатат. Учурда сапат үчүн эч ким жооп бербей калды. Негизи эркиндик менен катар жоопкерчилик да жүрүшү керек эле. Бизде азыр журналистика "кара пиардын" куралына айланып, көпчүлүк эл кимге ишенээрин деле билбей калды. Көзү менен көргөнгө эле ишенбесе, гезиттер жаза берет деген түшүнүк калыптанып калды. Буга журналисттер өздөрү күнөөлүү. Акыркы жылдары карандай калпты ышкыртып жатса деле, бир дагы ММКнын жоопкерчилик тартканын көрө алган жокпуз.

Муну менен катар акыркы жыл ичинде көз карандысыз гезиттердин катары толукталып, электрондук жана интернет каражаттардын иши күчөдү. Бирок сандык өсүш алганы менен алардын коомдогу таасири анчейин байкалбай жатканы айталууда. Мындай көрүнүштү "Жаңы агым" гезитинин баш редактору Аскер Сакыбаева мындайча түшүндүрөт:

- Гезиттердин таасири абдан эле төмөн болуп жатат. Эгер алардын таасири мындан күчтүү болгондо Кыргызстан үчүн жакшы болмок. Азыр гезиттерди барактап көрсөң, бир катар коррупциялык иштердин кандай жасалганы, ким жасаганы жазылып эле турат. Бирок аны бир дагы мамлекеттик орган артынан түшүп, "ушул чын экен, же бул калп экен" деп аныгына чыкпай жатат.

Журналист саясий курал бойдон калууда

Коомдогу журналисттердин салмактуу таасирге ээ болбой жатышы алардын ар кыл саясий күчтөрдүн куралына айланып, кесиптик вазыйпасын саясий чайкоочулукка алмаштырганы менен түшүндүрүлүп келүүдө.

"Интерньюс Нетуорк" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мария Раснердин баамында, көпчүлүк маалымат каражаттары сөз эркиндигинен натуура колдонуп жатышат:

- Тилекке каршы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өтө эле саясатташып кеткенин байкоого болот. Кыргызстанда бир жагынан баарын жазууга, баарын айтууга болот деген менен, экинчи жагынан көпчүлүк журналисттер менен басылмалар белгилүү бир саясий күчтөрдүн айдактоосуна көнүп алган. Мындан улам өлкөдө сөз эркиндигинин жемиштерин туура эмес колдонулуп жатканын айтууга болот.

Соңку жыл ичинде ММКга ири өлчөмдө айып пул салуу, аларды жабуу сыяктуу көрүнүштөр катталган жок. Бирок журналисттерди коркутуп-үркүтүп, кол салган учурлар болду. Көз карандысыз журналист Александр Кулинскийдин айтымында, акыркы жыл ичинде журналисттерди уруп-согуулардын саны азайган эмес:

- Журналисттерди сотко бергендердин саны 2010-жылга караганда арбын болду. Экинчиден, парламенттеги депутаттары тарабынан байма-бай көтөрүлүп жаткан журналисттердин ишмердүүлүгүн чектөөгө алууга, аларды жазалоо механизмин түзүү аракетин да байкоого болот. Буга албетте журналисттердин өздөрү да негиз түзүп берип жатышат. Ошентсе да журналисттерге болгон терс пикирлердин арбын экенин айта алабыз. Анын үстүнө соңку жылдагы журналисттерди уруп-согууга болгон аракеттердин орун алышы муну далилдеп турат.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму ар жыл сайын дүйнө өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигин абалына баа берип келет. Быйылкы баяндамада Финляндия, Норвегия, Эстония алгачкы үчтүккө кирсе, Түркмөнстан, Түндүк Корея, Эритерияда абал эң начар деп аныкталды.

Кыргызстан гранттардын көзүн карап калбайбы?

Кыргызстанга келип жаткан гранттар кайда жана кандай жумшалат? Ушул тема “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.

Катышуучулар: "Таза табигат" коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Дауталиева, "Промотанк" компаниясынын жетекчиси, көз карандысыз экономист Азамат Акелеев, Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстан 20 жылдан бери сырткы жардамдын - арзан кредиттердин, кайтарымсыз гранттардын эсебинен жашап келаткандай. Тунгуч президент Аскар Акаевден тарта азыркы бийлик башчылары грант алып келгенин, кайсы бир өлкө кредит убада бергенин айтып мактанышат. Акыркы беш жылда Кыргызстанга канча грант келиптир? Анара айым, сиздер ушуну иликтеп жүрдүңүздөр эле.

Анара Дауталиева: Биз тышкы акчаларды көзөмөлдөйбүз. 2005-жылы ХИПИК башталганда биздин тышкы карыз 1 млрд. 900 млн. болчу. Азыр карызыбыз 2 млрд. 755 млн. доллар болду. Ал эми ички карыз 280 млн. доллар.

Анара Дауталиева
Анара Дауталиева
Грант деген үстөк пайызы жок акча берет, бирок аны көп нерсе менен төлөп беребиз. Грант аркылуу көп мыйзамдар өзгөрүп кетти. Мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика – бул социалдык кызмат. Алар бүгүнкү күнү акы төлөй турган болду.

Убагында Алмазбек Атамбаевге деле “акчаны абайлап алгыла” деп айтканбыз. Насыя, грант алганда коомдук угуу өткөрүп, ошол долбоор бизге керекпи, жокпу, ушуну коом билиш керек, талкуулаш керек. Азыркы бийлик Акаев, Бакиев жолуна кайра түштү. Азыр президенттин деле алы келбейт, анткени кызматка мурдагы эле кишилер келди.

Азамат Акелеев: Грант – бул карыз эмес, кайра төлөнбөгөн акча каражат. Бирок бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банктан келип аткан ири гранттардын жок дегенде 50% насыя, калганы грант.

Көптөгөн өкмөт өкүлдөрү насыя жакшы экенин, анткени алардын үстөк пайызы абдан төмөн келип жатканын айтышат. Экономикалык жактан караганда бул жакшы. Бирок негизинен насыя, гранттарга көз каранды болуу эки жаман нерсеге алып келет. Биринчиден, көз карандуулукка анан жоопкерчиликсиз мамилеге.

Азамат Акелеев
Азамат Акелеев
Аткаруучу бийлик гранттарды алыш үчүн бюджетке абдан чоң таңсыктык киргизип атат. Аткаруу бийлиги арзан насыяларды алууга ар дайым кызыкдар. Анткени күнүмдүк маселелерди чечүүгө ошол каражатты жумшайт. Ал каражат күнүмдүк керектөөгө гана кетет. Мисалы, былтыр Дүйнөлүк банк менен Дүйнөлүк валюта корунан 60 млн. каражат насыя алынган. Бул деле күнүмдүк керектөөгө жумшалган. Демек насыялардын көбү узак мөөнөттөгү инвестицияга жумшалбаганын көрсөтүп турат.

“Азаттык": Грант да жөн берилбейт да, кандайдыр бир максатты ишке ашырыш үчүн салынганы бар. Аларды ким көзөмөлдөйт? Грант Кыргызстандын коопсуздугуна, улуттук кызыкчылыктарына каршы келбесин ким текшерет?

Токтайым Үмөталиева: Биринчиден, бул жерде системалуу түрдө мамлекетти өнүктүрүү механизмдерин иштеп чыккан адамдар жок.

Токтайым Үмөталиева
Токтайым Үмөталиева
Экинчиден, донорлордун өзүнүн кызыкчылыгы бар, бекер эч нерсе берилбейт. Гранттарды берүүнүн эң башатында мен тургам. Грант – бул чет өлкөдөгү иши жок калган адамдарды башка жакка жумшап, жумуш менен камсыздандыруу деп коёт.

Консультанттар да ошондой. Бул - легалдуу, ачык жасалган тыңчылык деп айта алам. Үчүнчүдөн, чалды-куйду кичинекей уюмдар акча берип жаткан топтордун кызыкчылыгын көздөп, мыйзамдарды талкалап, өзгөртүп, жалпы системаны азыркы абалга алып келүүдө.

Төртүнчүдөн, келген кредиттерди өзүбүз каалагандай колдонууга уруксат берилген эмес. Насыялар бизге баңгизат катары берилди. Негизинен ал каражат иштеш керек. Бизде насыялар эмнеге берилип атат? Даараткана курганга, балдарды ачка калбасын деп оокат бергенге жана башкаларга. Дегеле экономикалык өнүгө турган багытка берилген жери жок.

Ашыркулов: Кен тармагында саясат анык болбой жатат

Андаш кени

Эл аралык ишкер кеңешинин эксперти Кубан Ашыркулов Кыргызстанда кен иштетүүгө байланышкан маселелер боюнча маек курду.

“Азаттык”: Кен чалгындап, казып жаткан компаниялар менен жергиликтүү элдин тил табыша албай жаткан учурлары Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде бар. Мунун башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Кубан Ашыркулов: Бул жерде бир гана тарап күнөөлүү эмес. Бул көп тармактуу маселе десем болот. Бир жактан бул жерде компаниялардын деле салымы бар. Балким алар эл менен тыгыз байланышта иштебей, экинчи жактан жергиликтүү эл толук маалымат албай, ар кандай имиштер чыгып, ага ишенип, маселе көтөрүлүп жатат.

Жергиликтүү эл баарынан да экология маселесинен коркуп жатат. Бул компаниялар баарын булгап, талкалап, экология бузулуп, радиация болот, алтын казган жерлер бузулат деген сөздөр чыгат. Эксперттер ачыгын айтпагандан кийин эл ар кандай имиш сөздөргө ишене берип, карама-каршылыктар пайда болуп жатат. Ал эми компаниялар эксперттерин алып келсе да ага эл ишенбей жатат.

Ошол эле компаниялар иш баштаардын алдында ар кандай экспертизадан өтүшөт. Өкмөттүк адистер текшерип, кооптуубу, же кооптуу эмеспи деген корутундусун берет. Бирок жергиликтүү эл ага да көп ишене бербейт. Бул жергиликтүү элдин компанияларга, же өкмөттүк уюмдарга, эксперттерге ишеничи болбой калганынан кабар берет.

“Азаттык”: Кен тармагындагы маселелер боюнча өткөндө Бишкектеги талкууда кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда мамлекет көпүрө болуп, туура маалыматты жеткириши керек деген ой айтылган. Эгер эл мамлекетке да ишенбей атса, анда кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар?

Кубан Ашыркулов: Бул бир эле күндө чечиле калчу маселе эмес. Баары кол кабыш кылып, маселени чечүүгө жабыла киришсе жакшы болот эле. Биринчиден, өкмөт өзү тоо-кен тармагы Кыргызстан үчүн керекпи, же керек эмеспи деп чечиши керек. Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошобу, же жокпу деп, ушул маселени так коюшу керек.
Балким кенден түшкөн салык республикалык бюджетке эмес, жергиликтүү бюджетке берилсе, бул бир топ акча болот эле.

Жалаң эле өкмөттө эмес, Жогорку Кеңеште да ушул позиция так болсо жакшы болот эле. Андан кийин компаниялар менен чогуу, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрү, айылдык кеңеш менен бирге маселени чечкенге киришсе, ошондо пайда чыгат эле деп ойлойм.

Азырынча өкмөт да бир жагынан пикирин айтпайт, экинчи жактан парламентте да бул керек, керек эмес деген ар кандай сөздөр болуп жатат. Азыр маселени чечүүдө компаниялар жергиликтүү эл менен өздөрү эле калды.

Баары чогулуп киришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кендин жанында жашаган эл менен сүйлөштүрүп, балким жергиликтүү эксперттерге ишенбесе, башка мамлекеттен келген көз карандысыз эксперттер текшерип, алар өздөрүнүн корутундусун берсе жылыш болмок. Бул жерде компания жана мамлекеттин өкүлдөрүнөн сырткары эл аралык уюмдар да киришпесе, маселе курчуп баратат.

“Азаттык”: Жакында эле өкмөт жыйынында кен иштетүүдөн түшкөн салыктын теңин жергиликтүү бюджетке калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул маселени чечүүгө өбөлгө боло алабы?

Кубан Ашыркулов: Бул проблеманы толугу менен чечпесе да, жеңилдеткенге салым кошот. Анткени көбүнчө кендер алыс жерде жайгашкан, инфраструктурасы начар өнүккөн, социалдык олуттуу көйгөйлөрү бар аймактарда орун алган. Ошон үчүн жергиликтүү элдин арасында “баланча компания келди, баланча миллион доллар сарптап атат, биз болсо анын четин да көрбөйбүз”, - деген сөздөр болот. Ошондон кийин кыжырдануу болот, ал акча чоңдордун чөнтөгүнө кетип жатат деп өздөрү жыйынтык чыгарып, анан компанияларга атырылып жатышат. Ошон үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Азыр жергиликтүү өнүктүрүү фонддорун түзүү тууралуу сөз болуп жатат. Жергиликтүү элди колдоонун бир топ жолдору айтылып жатат. Балким кенден түшкөн салык республикалык бюджетке эмес, жергиликтүү бюджетке берилсе, бул бир топ акча болот эле. Анан социалдык маселелер чечилип, инфраструктура өнүксө, балким элдин ой-пикири да өзгөрүп, ошол компанияны колдоп бермек.

“Азаттык”: Рахмат.

Басма сөз: коом жана "общак"

Гезиттер абактагы ызы-чууну талдоого алган ой-пикирлерди бүгүнкү сандарында да улантты.

Жума күнү чыга турган гезиттердин бири “Фабула” профессор Жеңишбек Назаралиевдин “Мен өз өлкөмө жардам берүүгө даярмын” деген ат менен маегин жарыялады. Өз элинин курсагы ток болушун, интеллектуалдык өнүгүүнүн жаңы тепкичине тезирээк чыгышын каалаган Назаралиев улуттун туусун көтөрүүгө татыктуу, азыркы аалам айлампасында өлкөнү кармап турууга, аны өнүктүрүүгө жөндөмдүү жаңы кыргыз элитасы тезирээк пайда болушун каалай тургандыгын билдирди.

№1 СИЗОнун башчысы Марс Жусупбеков маегин: “Камактагылар камераны жаап салганыма ыраазы болушсун, анткени алардан эми эч ким акча талап кылбайт” деп атады.

Ал азыркы учурда 1-СИЗОдогу абал орточо экенин, 385 киши оозун тигип алса, эми алардын үчөө ооздорун “ачып”, общактан алыс жайгашкан башка камерага которууну суранышканын, көбү ачкачылык акциясын колдоодон баш тартып жатышканын, алардын саны 260 киши экенин, түрмөнүн ичинде каалагандай ээн-эркин басып жүрүү үчүн камераларды ачып коюну талап кылып жатышканын, бирок эми бир дагы камера ачылбай тургандыгын, бүгүн ар бир камеранын “смотрящийлери” абактагыларды оозун тигүүгө мажбурлап жатканын айтты.

Марс Жусупбеков №1 тергөө абагына өткөн жылдын 13-январында дайындалган. Ал жаңы келгенде 2-кабатта 2 камера, 3-кабатта “общактардын” 3 камералары күнү-түнү менен ачык болгон. 30-40ка жакын камактагылар камераларды ээн-эркин кыдырып турган, акча талап кылып, сабап, керек болсо өлтүрүп салган учурлары болгон. Марс Жусупбеков уруксаты жок буюмдардын камераларга кирип турганы, камераларды ушинтип ачып ташташканы мурунку жетекчиликтин абийринде экенин белгиледи.

№1 СИЗОнун башчысы аягында:”Менин күнөөм эмнеде? Камераларды жаап салганымдабы? Бул “общактык” камерадагы 20 гана адамдын кыжырын келтирип жатат. Ал эми калган 1 жарым миң киши мага рахмат айтсын. Алардан эми мындан ары эч ким акча талап кылбайт. Камактагылардын каршылык акциясы бүгүн, эртең бүтөт",-деп айтты.

Ушул эле “Фабула” гезитинин бүгүнкү санына Ички иштер министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын начальниги Бакыт Жусубалиевдин “Былтыр биз Чүй облусу боюнча 5600 кылмыштын бетин ачтык” деген маеги жарык көрдү.

Полковник Бакыт Жусубалиев кечээ күнү “Тумар” радиосунун диджейи Жаныбек Айдаралиевди өлтүрдү деп 4 айдан бери изделип, таптырбай жүргөн Максат Эралиевди саат 11де Кант-Ивановка жолунда Ысык-Көлдөн такси менен келаткан жеринен Чүйдүн милициялары колго түшүргөнүн, негизинен Максат Эралиев Жаныбек Айдаралиевди өлтүргөнүн мойнуна алганын кабарлады. Ал андан ары кылмыштын бетин ачуу өткөн жылга салыштырганда 4 пайызга азайганын, көп катталган кылмыш уурулук экенин, эң өкүнүчтүү жагы кылмышка өспүрүм балдар көп барып жатканын, элди дүрбөлөңгө салган баягы Маевка, Кара-Жыгач окуялары чоң сабак болгонун, элдин колдоосу менен бул окуялар жалындап кетелекте басылганын, кыскасы мурдагыга караганда элдин милицияга болгон ишеними күн санап артып баратканын кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити өткөн санына ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев жөнүндө такталбаган маалыматтар боюнча жазылган калпыс кабар кеткенин, анда жазылгандар жалган болуп чыкканын мойнуна алып, кылмыш дүйнөсү менен аоесуз күрөшүп келаткан генерал Мелис Турганбаев жөнүндө жалган маалымат кеткендиги үчүн гезит аркылуу кечирим сурап, ишине ийгилик каалады.

Жаза аткаруу башкармалыгындагы бир айдан берки ызы-чууга “Жаңы агым” гезити да кайрылып, журналист Нурканбек Керимбаевдин макаласын басты. Кылмыш дүйнөсүндө “Лимонти” деген каймана аты бар Алмазбек Сулеймановду 27-абактын жетекчилиги Жаза өтөө кызматынын борбордук аппаратынын 7 адамы жасалма кургак учук менен оорулуу деп бошотуп жибергени кийин аныкталган. №3 түзөтүү мекемесинин мурунку башчысы Имаш Тельтаевга кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп коюлган айыптын 11 фактысы далилденген.

№32 мекеменин ыкчам кызматкери Акыл Усубалиев пара алып жаткан жеринен кармалган. № 45 түзөтүү мекемесинин башчысы Нурбек Отунчиев менен мекеме кызматкери Сайра Ашировага кылмыш иши козголгон. Жаза өтөө кызматындагы “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген түшүнүк 6-7 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй гүлдөгөн. Эми жогорудагыдай жолдор менен кызматынан кол жуугандар түрмөдөгү табакташ болгон кылмышкерлерди көкүтүп, Шейшенбек Байзаковго каршы чабуул коюп жатканы бүгүн сокур менен дүлөйгө да маалым болуп калганын, кокус өкмөт дал ушундай опурталдуу кырдаалда Байзаковду колдобосо, анда “мамлекетти кылмышкерлер багынтты” деп түшүнсөк болорун, бардык деңгээлде коррупция деп кыйкырабыз, бирок аны менен ачык кармашып жаткан генерал Ш. Байзаков коомчулук тарабынан, айрыкча бийлик тарабынан колдоого алынбаса, эл ири алдыда президент Алмазбек Атамбаевди, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду, премьер-министр Өмүрбек Бабановду айыптайт деп жазды гезит.

“Алиби” гезити Улуттук коопсуздук комитет төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкуловдун “Дүйшөбаев офицер болсо, кырсыкка катышы бар экенин танбаса болмок” деген аталыштагы маеги менен жаңы санын ачты.

Бакиев бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигинин ишин жөндөп кете албаган, бирок бийликтин камчысын башы-көзүнө карабай чапкан М. Суталиновду Улуттук коопсуздук комитетине куурчак кылып отургузуп койгонун, чынына келгенде бул мекемени Марат Бакиев башкарып келгенин, ал 50 жашка чукулдап калган принципиалдуу офицерлерди кызматынан айдап, алардын ордуна 55-58 жаштагы атасынын досторун кызматка алганын баяндап келип, Суталинов “апрель окуясынан кийин бардык документтерди Дүйшөбаевге өткөрүп берип, анын кызматтык машинасына түшүп, чек арадан өтүп кеткем” деп көрсөтмө бергенин, бирок Дүйшөбаев бул айтылгандарды танып келгенин, демек экс-министрлердин бул экөө тең калпычы экенин айтты.

“Алиби” гезити бүгүнкү санына “Салык жөнүндө” кодекстин автору, “Мистер 10 процент ким?” деген макала басты. Мына ушул укмуштуу салык мыйзамына ылайык бийчи Атай Өмүрзаков менен ырчы Гүлжигит Калыков чет элден алып келген сыйлыктарынын 10 процентин мамлекетке салыкка төлөшү керектигин жазды. Кыргыз бийлигинин мына ушул “салык саясаты” бүгүн бийликтегилердин бетин кызартпаганы менен башкалардын кызарбаган жерин кызартып жатканын, Кыргызстандын экономикасын мына ушул Атай менен Гүлжигиттин таман-акы маңдай терлери менен тапкан, андан да башка мамлекеттер берген сыйлыгынан кармалган 10 процент акча гүлдөтүп жибере тургансып, кармап жатканы эч бир акылга сыйбай тургандыгын белгилеп: “буга элдин жини келип жатат, ал эми “эл багарлар” эмне дээр экен?” деп суроо койду.

Журналист Темирбек Алымбековдун “Агай” аттуу макаласы Кыргыз улуттук университетинде 42 жылдан бери тынбай иштеп келаткан окутуучу, профессор Ниязбек Шаршеевге арналды.

Ош: оппозициячыл партиялар биригүүдө

Ош шаарындагы борбордук аянт.

Ош шаардык кеңешине быйыл 4-мартта өтчү шайлоого «Ата-Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары «Улуттар биримдиги» партиясы менен бирге бараары маалым болду.

Жергиликтүү кеңешке шайлоодо дал ушул партия менен КСДП жана «Республика» партиялары негизги оюнчулардан болоору айтылууда. Адистер бул жолку шайлоо өнөктүгү буга чейинкилерге караганда кызуу атаандаштыкта өтөөрүн белгилешүүдө.

Буга чейин шаардык кеңешке шайлоого ат салышат деп айтылып жаткан «Ата-Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары шайлоо комиссиясына арыз бербегендиги көпчүлүк күтпөгөн окуя болду. Кийин гана бул партиялардын өкүлдөрү «Улуттар биримдиги» партиясынын катарында ат салыша тургандыгы ачыкка чыкты.
Шайлоо мезгилинде, же ага чейин деле ушул же, башка саясий күчтөрдүн же криминалдык топтордун кагылышуу коркунучу да бар. Анткени криминалдык топтордун чоңдору да, чабактары да 2 топко бөлүнүп алып ар башка партияларга ойноп, шайлоонун жыйынтыктарына таасир этүүгө аракет кылып жатышат...
Төлөгөн Келдибаев


Аталган партиянын лидери Таалайбек Сабиров алар идеялары төп келгендиктен биригишкендигин маалымдады:

- «Ата-Журт» партиясы дагы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы дагы конференцияларын өткөргөн жок, тизмелерин да тапшырган жок. Алар толугу менен «Улуттар биримдиги» партиясынын программасын колдоого алып, биздин партия менен шайлоого барат. Башкача айтканда, алардын мүчөлөрү биздин партиянын тизмесине киргизилди.

«Улуттар биримдиги» партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Партияга шаар мэри Мелис Мырзакматов ээлик кылаары айтылып келет.

Жергиликтүү талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, бул партияга «Ата-Журт» менен «Бүтүн Кыргызстандын» биригиши саясий келишимдердин негизинде ишке ашты:

- Ошто «Ата-Журт» менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жакшы эле электораты бар эле. Бирок ошого карабай «Улуттар биримдиги» партиясына баш үйрүп жатышы көп нерсени каңкуулап турат. Бул жерде шаар башчысы кызматын кармап калуу максаты бар. Бир чети мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени «Улуттар биримдиги» партиясы буга чейинки парламенттик шайлоодо жана президенттик шайлоодо жогорудагы 2 партияга көмөк көрсөткөн. Эми алар болгону бул партиянын «жакшылыгын» кайтарып жатат.
Саясий кагылышуулар же, саясий оюндар болуп кетиши мүмкүн деген кептер чындыкка коошпойт.
Зууракан Каденова


Жергиликтүү шайлоо комиссиясы билдиргендей, шайлоого катышуу үчүн 8 партия арыз тапшырган. Алар: «Замандаш», «Ата Мекен», НДПК, КСДП, «Республика», «Улуттар биримдиги», Кыргызстан Коммунисттер партиясы жана жаңы эле түзүлгөн «Адилеттүү Кыргызстан» партиясы. Учурда булардын дээрлик баары каттоодон өтүп бүтүп калды.

Бирок талдоочулар негизги оюнчу катары КСДП, «Республика» жана «Улуттар биримдиги» партияларынын атаандаштыгы айыгышкан мүнөзгө айланаарын белгилешүүдө:

- Негизги атаандашы так ушул «Республика», КСДП жана «Улуттар биримдиги» партияларынын ортосунда болот. Булар орунду көбүрөөк алыш үчүн болгон аракеттерин жумшайт. Мыйзамдуу дагы, мыйзамсыз дагы жолдорго барышы мүмкүн. Шайлоо мезгилинде, же ага чейин деле ушул же, башка саясий күчтөрдүн же криминалдык топтордун кагылышуу коркунучу да бар. Анткени криминалдык топтордун чоңдору да, чабактары да 2 топко бөлүнүп алып ар башка партияларга ойноп, шайлоонун жыйынтыктарына таасир этүүгө аракет кылып жатышат, - дейт Төлөгөн Келдибаев

Ал эми партиялар өнөктүк учурунда ар кандай мыйзам бузууларга жол бербей турганын ачыкташууда. КСДП партиясынын шаардык штабынын жетекчиси Зууракан Каденова буларды айтат:

- «Ата-Журт», «Бүтүн Кыргызстан» же ошол эле «Улуттар биримдиги» партияларынын биригиши биз үчүн чоң деле коркунуч жаратпайт. Шайлоочулар кандай добуш берет, алардын өздөрүнүн эрки. Элдин тандоосуна ылайык бардыгы мыйзам чегинде болсо бардыгы жакшы болот. Мындан сырткары саясий кагылышуулар же, саясий оюндар болуп кетиши мүмкүн деген кептер чындыкка коошпойт. Менимче, баары эле тынч өтөт.

Шайлоо комиссия кабарлагандай, 45 орунга 8 партиядан жалпысы болуп 706 талапкер арыз берди. Калаа жетекчисин дайындай турган шаардык кеңеш бул жолу партиялык тизме менен шайланмакчы.

Түрмө: жазала, бирок сабаба!

Түрмө: жазала, бирок урба!
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Бул жолку чыгарылышта абак жайларындагы кырдаал, андагы нааразылыктын себептери жана чечүү жолдору туурсында сөз болду.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов менен Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Табылды Исаев катышты.


Түрмө: жазала, бирок урба!
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00



Түрмө: жазала, бирок урба!
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:53 0:00

Урушпай эле жашайлычы...

Кыргызстанда адамдар ашкере орой болуп бараткандай сезилет. Корсулдаган, жектеген, ызырынган эле киши. Сыртта, үйдө, айылда, шаарда, маршрутта, кафеде, базарда айтор бардык эле жерде орой мамиле, сөгүнмөй... Мисалы, коомдук транспортто баратып бирөөнүн бутун байкабай тепселеп алган көрүнүштү эле алалы.

- Көзүң жокпу!

- Өзүң ары турбайсыңбы анан, жолду тоспой!

- Былжыраган акмак!

- Өзүң акмак!..

Кайым айтышуу кээде көпкө созулат, же бирөөсү бараткан жерине жетип түшүп калганда гана токтойт. Жашы менен карысы, орусу менен кыргызы, окуучу менен пенсионер болсун сөзсүз сөз кайтарып калмай.

"Кечирип коюңуз, байкабай калыпмын", - деп сылык кайрылып, жылмайып кечирим сурагандар сейрек. Базарга барсаң: - Алсаң ал, болбосо кармалай бербей коюп кой!

Интернеттеги социалдык тармактарда да атайын бирөөгө сын тагып, аны катыра сындап, урушуп, жамандап ырахат алгандардын саны көбөйдү.

Акыркы кезде кесиптештерим, досторум менен кафеге тамактанганы барган сайын мелдеше кетчү болдум. –Эй достор, келгиле байкап көрөлү, ушул официант кыз тамак алып келип, "тамагыңыз таттуу болсун!" - деп жылмайып коёбу же жокпу деп талашабыз. Тилеке каршы көпчүлүк официанттар тамакты тарс этип алдыңа коюп кетип калат. Алар көпчүлүктү түзөт.

Акыркы кезде сылык-сыпаа, токтоо, кичипейил адамдарга суусап, ошондой кишилерге жолуксам маанай бир аз көтөрүлө калчу болду.


Ажырашасыңбы, эшик ачык!


Жакында эле өз айылыма барып, жаштардын бири-бири менен сүйлөшүп алгандай жубайлары менен ажырашып атканына зээним кейиди. “Кетирдим, эмне андан башка кыз түгөнүп калыппы?” - дешет. Аялга орой мамиле мындай турсун, аялын эсин оодара чаап, анан аргасыз ажырашкандар да жок эмес. Айылдагы келиндерге боор оорубай койбойт, айрымдарынын кайненеси тынчын алганы аз келгенсип, күйөөлөрүнөн көңүл жылытаарлык сөз укпай, “кеткиң келсе, эшик ачык!” деп ороңдошот. “Кыргыз баатыр элбиз, эй!” деп мактанганыбыз мактанган, ошол баатырлык мүнөзүбүзгө бир аз кичипейилдикти да кошуп алсак ашыкча болбойт беле...

Мына, азыр эле жаңылыктардан көрдүм. Президент Атамбаев быйылкы жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялап, үй-бүлө институтун өнүктүрүү, коомдо ишенимди, калыстыкты, кайрымдуулукту жана кечиримдүүлүктү чыңдоо, этникалык саясат программасын кабыл ала турган болуптур.

Эми, ишке ашса экен деген тилектер. Болбосо, кечиримдүү болгонго, бирөөгө жылуу сөз айтып, жылмайып коюуга акча деле кетпейт го акыры?

Ырчы Каныкей айткандай, “Келгиле, жашайбыз!” Бир аз күндүк өмүрүбүздө сен оруссуң, сен өзбексиң, сен кыргызсың деп улутка бөлүнбөй, сен оштук, бул нарындык деп жер-жерге бөлүнбөй жөн эле, жакшы өмүр сүрөлүчү! Жылмайып, кечиримдүү болуш баарыбыздын колубуздан келет, анан баарыбызга өзгөчө жарашып, жашообузду бир аз жеңилдетет болуш керек? Урушпай эле жашайлычы, кандай дейсиз?

Реформа: кызыкчылыктар кагылышууда

Кыргыз өкмөтү тартип коргоо кызматтарынын коррупцияга каршы күрөштөгү милдеттерин так аныктоону максат кылууда.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен Каржы полициясынын кызыкчылыктары төп келбей жатат.

Бул тууралуу УКМК төрагасы Шамил Атаханов шаршемби күнү өкмөт жыйынында билдирди.


Кимиси эмнени текшерет?

Коопсуздук комитети эмне иш кылат, Ички иштер министрлиги эмне иш кылат, Каржы полициясы эмне кылат – эл билиши керек. Текшерүүчү бул же тигил органды текшерүүгө укугу барбы-жокпу так билиши керек. Өмүрбек Бабанов

Кыргыз өкмөтү 2009-жылдын октябрында түзүлгөн Каржы полициясын түп-тамырынан бери реформалоону, тартип коргоо кызматтарынын экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөштөгү милдеттерин так аныктоону максат кылууда. Бул кызмат өңчөй экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүп, президенттин көзөмөлүндө турчу.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов шаршемби күнкү өкмөт жыйынында “Коопсуздук комитети эмне иш кылат, Ички иштер министрлиги эмне иш кылат, Каржы полициясы эмне кылат – эл билиши керек. Текшерүүчү бул же тигил органды текшерүүгө укугу барбы-жокпу так билиши керек”, - деди.

Божомолдорго караганда, Каржы полициясын өкмөт ишкер чөйрөдөгү экономикалык кылмыштарды иликтеген жападан-жалгыз орган кылгысы келип жатат, бул тармакка башка тартип коргоо кызматтары кирише албайт.

Ошол эле учурда президент былтыр 14-декабрда түзгөн Антикоррупциялык кызматтын ишмердиги жаңы мыйзам аркылуу аныкталмакчы. Мыйзам долбоорун сунуштоо укугу президентте жок болгондуктан, Коопсуздук комитети долбоорду өкмөттүн атынан Жогорку Кеңешке берүүнү макулдашууда. Ага жараша аталган кызматтын так милдеттери тууралуу маалыматтар таратыла элек. Буга чейинки маалыматтарга караганда, уюм кызматтык кылмыштарга каршы күрөшөт.

Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков бул эки орган бири-бирин көзөмөлдөп турууга аргасыз дейт:

- Өкмөт коррупцияга каршы бир кызмат болсо деп атат. Негизинен ошондой болуш керек. Каржы полициясына бериш керек. Бирок алар кээ бир учурда жаап-жашырууларга барбашы үчүн атаандаштык кызматтары болушу керек. Мисалы, ошол эле Коопсуздук комитетинде ачылган коррупцияга каршы күрөш кызматы мыйзам бузууларды таап чыкса жакшы. Булар эми тергешпейт, баары бир каржы полициясына же прокуратурага берет.


Койчу көп болсо...

Аталган органдарды түзүүнүн ордуна мамлекет Башкы прокуратурадан, Коопсуздук комитетинен, ИИМден экономикалык, кызматтык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылыш керек болчу. Сапар Орозбаков

Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшөбүз деп жаткан бул органдар милдеттерин тактап албаса коррупция ого бетер күчөп кетиши мүмкүн деп болжоду Антикоррупциялык ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова:

- Ар бир тартип коргоо органдарында коррупцияны көзөмөлдөгөн түзүмдөр бар. Кайра эле толугу менен кайталоо болуп атат. Андай болбош үчүн Башкы прокуратурадан, ИИМден ошол көзөмөлдөөчү түзүмдөрдүн бардыгын алыш керек. Андай болбойт. Себеби антикоррупциялык кызмат президенттин астында болуп атат. Президенттин карамагындагы түзүмдөр мыйзам иштеп чыгуу укугуна ээ эмес. Мамлекеттик органдарга буйрук бере албайт. Буйрукту өкмөт гана бере алат.

Нурипа Муканованын баамында, бул эки мекеменин ишмердиги конкреттүү кадамдардан көз каранды. Президент Алмазбек Атамбаев кызматты түзүү аркылуу коррупциячыларга чакырык таштады, эми көзөмөлдү күчөтүп, кийинки кадамды жасаш керек дейт адис:

- Бийликтин жогорку тепкичиндеги кишилерди конкреттүү жазалай алса президент түзгөн Коррупцияга каршы күрөш кызматы саясий эркин көрсөтө алат.

Ошол эле мезгилде айрым адистер кошумча түзүмдөр кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөөрүнө дегеле ишенишпейт. Экономикалык талдоочу Сапар Орозбаковдун пикиринде, аталган органдарды түзүүнүн ордуна мамлекет Башкы прокуратурадан, Коопсуздук комитетинен, ИИМден экономикалык, кызматтык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылыш керек болчу.

Кыргызстанда ар бир жаңы келген мамлекет башчы тарабынан коррупцияга каршы бийик деңгээлдеги ар кандай аталыштагы уюмдар түзүлүп келатат. Талдоочулар өз кезегинде улам бир уюм түзгөндөн экономикалык, кызматтык кылмыштар азайбастыгын далилге тартып жүрүшөт.

Сыйынуу жайларын салыктан бошотуу каралууда

Ош шаарындагы мечиттердин бири.

Жогорку Кеңеште мечит-медреселерди, сыйынуучу жайларды жер салыгынан бошоткон мыйзам долбоору даярдалууда.

Бирок бул демилге айрым эл өкүлдөрүнүн каршылыгына кабылды. Депутаттардын айтымында, Кыргызстанда буга чейин басмаканадан чыккан диний адабияттар да кошумча нарк салыгынан бошотулган.


Колдообу же кодулообу?

Мечит-медреселерге жана православ чиркөөлөрүнө башка да сыйынуучу жайлардын баарын кошуп салсак, анда биз сепаратизмди, экстремизмди да колдогон болуп калабыз.
Турсунбай Бакир уулу

Мечит-медреселерге жана православ чиркөөлөрүнө башка да сыйынуучу жайлардын баарын кошуп салсак, анда биз сепаратизмди, экстремизмди да колдогон болуп калабыз.
25-январда парламентте диний уюмдарды жер салыгынан бошотуу демилгеси менен «Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, айрым депутаттардын каршылыгына кабылды.

Социал-демократар фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева бул мыйзамды кабыл алууга ашыкпоого чакырууда:

- Бул эл арасында чоң маселени туудурушу мүмкүн. Ошондой эле диний уюмдардын эч кандай акча-каражаты жок деп айтканга болбойт. Чет жактардан чоң акчалар келип жатат, кредиттерди да берип жатат. Элдин башын айлантып жаткан да көп уюмдар бар. Ошон үчүн депутаттар муну кылдаттык менен карасак.

Мыйзам долбоору мечит-медреселер жана сыйынуучу жайлар коммерциялык эмес мекемелер болгондуктан аларды жер салыгынан бошотууну көздөйт. Ага каршы болгондор мечиттердин жана сыйынуучу жайлардын аймагында салыктан качкандар коммерциялык ишмердүүлүк баштайт деп чочулашууда. Алар бул жеңилдиктен өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан диний уюмдар да пайдаланып кетет деген кооптонууларын билдиришти.

Ал эми айрым эл өкүлдөрү жер салыгынан Кыргызстанга салттуу делген ислам жана христиан диндерине тиешелүү сыйынуу жайлары гана бошотулушу керек деп эсептейт.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулун угалы:

- Бул жерде парламенттин жана элдин кызыкчылыгы болуш керек. Мечит-медреселерге жана православ чиркөөлөрүнө башка да сыйынуучу жайлардын баарын кошуп салсак, анда биз сепаратизмди, экстремизмди да колдогон болуп калабыз.

Бирок ислам жана христиан диндерине гана артыкчылык берүү - диний жаатта кодулоо болуп каларын, салык алуудагы теңдик принциби бузулары да айтылууда.


Диний адабияттар да салыктан бошогон


"Ар-намыстын” дагы бир депутату Каныбек Иманалиев буга чейин диний адабияттар кошумча нарк салыгынан бошотулганын, ошол эле кезде мектептердеги окуу китептери үчүн салык алынарын эске салды:

- Бул жерде дагы бир жагдай бар. Мен сиздерге полиграфист катары айтып койоюн. Кыргызстанда жылына 2 млн. нуска менен диний китептер чыгат. Бирок алар салык төлөбөйт. Куран менен Хадиске сөз жок. Бирок секталар жөнүндө диний китептер да чыгып жатпайбы. Ошол эле кезде мектептердеги окуу китептери үчүн кошумча нарк салыгын төлөйбүз. Диний уюмдарга ал жагынан да бир жеңилдик бар. Ошон үчүн биз жардам беребиз деп жатып кесепетин тийгизип албайлы.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Байкоочу кеңештин мүчөсү, дин таануучу Индира Асланова болсо, Кыргызстан светтик өлкө болгондон кийин диний уюмдарга артыкчылык берүү, алардын айрым бир салыктардан бошотуу туура эмес болот деген пикирде.

- Мектептердеги окуу китептерден салык алып, диний адабияттардын салыктан бошогону туура эмес. Анткени мектеп окуучулары биздин кийинки муун эмеспи. Баш мыйзамда биз светтик мамлекет болуп эсептелебиз. А светтик мамлекет болгондон кийин баарынан тегиз мамиле кылынышы керек.

Ошол эле кезде диний адабияттарды салыктан бошотулганын колдогондор да жок эмес. Алардын айтымында, диний адабияттар да коомду тарбиялоого салым кошууда.

Курманалиева: Таласта кендин баары иштебей турат

Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева аймактагы кырдаал тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Өтмөк жолунун абалы кандай? Кыш-күрөөдө Таласка барып-келүү кыйындаган жокпу?

Койсун Курманалиева: Быйыл кар абдан оор түшүп, буйруса жазга карата суу көп болот деген жакшы тилектерден үмүт кылып атабыз.

Өтмөк жолунда абал чынында кыйыныраак. Анткени кар мурдагыдан көбүрөөк түштү. Мен кечээ өкмөттүн жыйынына катышып, кайра түнү менен Таласка келдим. Жолдордун баары күрөлгөн. Быйыл өзгөчө көңүл буруп, жолду тазалоо иштери жакшы жүрүп жатат. Бардык жерлер тазаланып, кумдар себилип жакшы эле экен. Кечээ кечинде өзүм көрүп келдим.

“Азаттык”: Сууктун айынан Таласта мектептерде сабак 30 мүнөттөн болуп жатат деп маалымдалды эле. Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган жокпу? Отун-суу жетиштүү элеби?

Койсун Курманалиева: Жалпы электр энергиясын берүү жакшы эле болуп жатат. Бирок чектелүү болуп жатканына байланыштуу бир сааттан, айрым учурларда эки саатка жакын убакыт график менен өчүрүлүп жатат. Бирок биз мектептин иши үзгүлтүккө учурабашы үчүн эртең менен өчүргөн жокпуз. Кечке маал, эл жаткан убактарда бир аз график менен өчүрүлүп жатат. Эки мектепте авариялык кырдаал түзүлгөн. Биз аны бир аптанын ичинде оңдодук. Учурда бардык мектепте иш толук жүрүп жатат.

“Азаттык”: Чек арадагы абал тууралуу айтып бересизби. Былтыр айрыкча дыйкандар мөмө-чөмөсүн сата албай кыйналышты эле. Өзгөрүү барбы?

Койсун Курманалиева: Чек ара маселесин облустук, райондук деңгээлде чечүү өтө кыйын болуп жатат. Мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү болду. Учурда өтө чоң деле жолтоо жок. Бирок мындан эки жыл мурун жабылган эки бекет дагы эле ачыла элек. Ал эми бир бекетте мыйзам чегинде биз жактан эч кандай тоскоолдук жок. Казак тарап документ жактан бардык талаптарды коюп жатканына байланыштуу токтоп, кезек күтүп өтүүлөр болуп жатат.

Айыл чарба өнүмүн сатуу маселесине келгенде бир аз кыйынчылыктар болуп жатат. Картошканы сата албай калдык. Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин Жамбыл облусуна былтыр Орусиядан көбүрөөк көлөмдөгү картошка түшүп, биз өзүбүздүн картошкабызды сатууда кыйналып жатабыз.

“Азаттык”: Өкмөттүн кечээ күнкү жыйынында кен иштетүүдөн түшкөн салыктын 50 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Таластан канча кен иштетилип жатат, жана бул чечим ишке аша баштаса жергиликтүү бюджетке канча каражат түшөт?

Койсун Курманалиева: Эки жылдан бери түрдүү себептерге байланыштуу Таласта кендер иштебей турат. Кенди чалгындоо иштери бир эле жерде жүрүп жатат. Калган жерлерде иш токтоп турат. Биздин аймактагы Жерүй кенин иштеткен компаниянын иши соттук териштирүүлөрдөн улам токтоп турат. Ошондуктан кенди иштетүүдөн түшөт деген кошумча салыктар жокко эсе. Бирок биз ага карабай мүмкүнчүлүккө жараша алынбай калган салыктын түрлөрүн тапканга аракет кылып жатабыз.

Былтыр биз Таласта салыктын планын аткара алдык. Соттук териштирүүлөр бүтсө, мына жакынкы арада Жогорку Сотто каралат деп атат, ошол иш бүтсө, Жерүй кени иштеп калса салыктын көлөмү жогорулайт.

“Азаттык”: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күз-кыш айлары жаан-чачындуу болгондуктан сел, суу ташкын коркунучу жогору деп алдын ала эскертме берип жатат. Таласта мындай кооптуу аймактар көппү?

Койсун Курманалиева: Бизде кооптуу аймактардын карталары түзүлүп, алдын ала иш-чара жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген. Биз бул боюнча иштеп жатабыз. Суу көп түшөт, же аз түшөт деген божомолдор жок, бирок кооптуу аймактарда аким, айыл өкмөттөрү менен бирдикте атайын окуулар өткөн. Райондук деңгээлде, облустук деңгээлде кандай жумуштарды жасашыбыз керектиги алдын ала белгиленген.

“Азаттык”: Рахмат.

"Cүйө бил"

"Cүйө бил"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

От жакпай эле үйдү жылытса болот

Кыргызстан катуу сууктан кандай сабак алды? Кантип үйдү көп каражат жумшабай жылытуу керек? “Азаттыктын" “Арай көз чарай” берүүсү ушул темага арналды.

Катышуучулар: Кыргызстандагы белгилүү курулушчу-инженер, ишкер Асыкбек Оморов, техника илимдеринин доктору, академик Алайбек Обозов жана “Оргтехстрой” курулуш ишканасынын архитектору Кайназар Алтымышов.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Быйыл жылдагыдан өзгөчө кыш болуп атат. Сууктан мектептер жабылып, муз ээрип үйлөрдү каптаган, электр энергиясын ашыкча пайдаланып авария болгон, анын айынан жол тосуп митингге чыккан учурлар катталууда. Кыргызстан кандай сабак алды, же алышы керек?

Асыкбек Оморов: Курулуш-архитектура багытында азыр деле Советтер союзу учурундагы иш стилди улантып жатабыз. Бүгүнкү күндө Орусиянын курулуш фирмалары жаңы методго өтүштү. Мурда дубалдын калыңдыгын 75 см., же абдан суук жерлерди гана үч кирпиччелик кылып куруп, конструкцияларды жасашчу. Азыр жарым кирпичти коюп, жакшы, монолиттик конструкция жасап, сырткы дубалдарын алгач жарым кирпич менен, анын бетин полиэтилен менен жаап жасашат.

Дубалдын ортосу ысык сууну муздатпай турган термос сыяктуу болот. Улам барган сайын үйдү жылуу кармай турган заманбап технологияга өтүш керек. Үй салып жатканда кээ бирөөлөр акчасын аяшат, бат бүтүргөнгө шашат. Келечекте балдары жашай турган болсо жакшылап куруу зарыл. Акчаны үнөмдөбөй, имараттын жертөлөсүн жана үстүн жакшылап жылуулаш керек.

Алайбек Обозов: Биз кышында электр энергиясын көп өндүрүп, бирок ашыкча пайдалангандыктан подстанциялардын күчү жетпейт деп жатабыз. Бул жагынан да жаңы, инновациялык технологияларды карасак болот.

Биринчиден, салттуу эмес энергетика деп коёт: күн, башка энергияны пайдалануу. Анткени ага бөлүштүрүүчү тармак, зымдар, трансформатор кереги жок. Үйдүн жанына эле чакан, кичине биогаз куруп, кыктан газ таап алып, андан үйдү да жылытып, тамак да бышырса болот. Бул багытта да көп айтып, жазып атабыз, бирок көңүл бурулбай жатат.

Экинчиден, жакшы үй курганда деле аны жылытыш керек. Ал үчүн да күндүн энергиясын пайдаланса болот. Бизде 12 айдын ичинен 8 айында күн тийип турат. Күндүн энергиясын эмне кыларыбызды билбейбиз. Күндүн энергиясын топтоп алып, аны кышкысын үй жылытканга пайдалансак болот экен. Биз бир-эки эксперимент жүргүздүк, эл да кызыгып жатышат. Буйруса муну 1-2 жылда бүтүрүп, сунуштайбыз.

Бир үйгө биогаз коюу 2,5-3 миң доллар болот. Аны бир жасап алса 50-60 жылга чейин жетет. Эл деле ага даяр, болгону башында кичине жардам бериш керек, азыраак пайыз менен насыя бериш керектир. Бул метод дүйнө жүзүндө көп пайдаланылат.

Кайназар Алтымышов: Азыркы күндө көп жеке турак-жайлардын жылыбай жатышынын дагы бир себеби бар. Көптөрү долбоору жок өздөрү эле куруп, ошонун кесепети болуп атат. Анткени үйдүн долбоорун түзүп жатканда курулуш материалдар, ошол эле жылуулук маселеси эсептелет. Үй куруп жаткан адамдын каражаты да эске алынат.

Азыр курулуш индустриясында жылуулукту абдан жакшы сактаган материалдар көп. Ошолорду колдонуш керек. Эгер көп кабаттуу үйдө турсаңыз, анда үйдүн ичинен жылууласаңыз болот. Мисалы, ички дубалга пенопласт каптап, сыртынан гипсокартон же башка материалдар менен жаап, кооздоп койсоңуз болот.

Жураев: Акимдер шайланса болмок

Талдоочу Эмил Жураев акимдерди шайлоо тартибинин өзгөрүшүнө байланыштуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Акимдерди шайлоо тартиби өзгөрүп, район башчылыкка талапкерлерди премьер-министр саясий күчтөрдүн пикирин эске алып көрсөттү деп маалымдалды. Бул аймактарда кайсы бир партиянын диктатына, өкүмүнө алып келбейби?

Эмил Жураев: Менимче партяилардын диктатына түз алып келбейт. Бирок, биринчиден, премьер-министрдин диктатына алып келет жана анын тегерегиндеги топтордун кызыкчылыгы чоңурак ролго ээ болот деген ой бар.

Мындан сырткары биз азыр мурдагыга караганда көбүрөк парламенттик системага өтүп жатпайбызбы. Ошондуктан бул система кичине кыйынчылык да туудурушу мүмкүн.
Криминал аралашат дегенде, борбордук бийликти деле көрүп жатпайбызбы. Бул жерде деле кыйратышкан жок.

Мурда деле биз акимдерди шайлаган эмеспиз. Дайындоо жолу менен жүргөн. Бирок президент ал кезде эң негизги саясий жана административдик күч болуп, акимчиликтерде кичине стабилдүүлүк бар болчу. Азыр акимдер түздөн-түз премьер-министрдин сунуштоосу менен, андан кийин бекитүүсү менен дайындалып жатат. Бизде парламентте коалициялык көпчүлүк кайра куралышы мүмкүн, парламент өзү тарап кетиши мүмкүн. Ошондо жаңы премьер-министр келген сайын акимчиликтердин деңгээлинде да туруксуздукту жаратышы мүмкүн. Бул - чоң коркунуч.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев керек болсо участкалык милициялардан тартып эл шайлашы керек деп билдирип келет. Азыр премьер-министр болсо акимдердерди, борбор шаар мэрлерин дайындоого чейин аралашып жатат. Бул карама-каршылыкпы, эгер андай болсо муну эмне менен түшүндүрсө болот?

Эмил Жураев: Президент Атамбаевдин антип айтканы ашынган кызыл чечендиктин бир белгиси болсо керек. Албетте участкалык офицерлерди шайлоонун кереги жок. Бирок азырбы, же бир аз убакыттан кийинби акимдерди шайлоонун жүйөсү бар.

Жаңы кабыл алынган мыйзамды оң тарапты көздөй бир кадам деп айтса болот. Буга чейин дайындоонун тартиби такыр башкача болгон. Райондук кеңештерге мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бирок чындыгында алыскы келечекте туура кылабыз десек, жергиликтүү бийликтин башчылары шайланууга тийиш. Ошондо борбордон алыстатуу максатына жеткен болобуз. Өкмөт башчы тарабынан акимдикке талапкерлерди сунуштоо, кийин бекитүү деген тартип жергиликтүү кеңештердин тандоо мүмкүнчүлүгүн бир топ чектеп койот.

“Азаттык”: Эгерде акимдерди элдин шайлоосуна койсо, башка улуттун өкүлдөрү, же криминал келип калат деген чочулоолор да айтылып жатат. Буга негиз барбы?

Эмил Жураев: Менимче буга негиз жок. Эгер эл өзү башка улуттун өкүлүнө ишенип шайласа, анда сонун болбойбу. Бирок, тескерсинче, эл борбордук бийликтен саясий жактан бөлүнүп-жарылып кетет деп аны оңдогонго аракет кылып жатышат. Эл кантип шайласа ошентип шайлайт, анткени алар өздөрүнө жетекчи шайлап жатышпайбы. Криминал аралашат дегенде, борбордук бийликти деле көрүп жатпайбызбы. Бул жерде деле кыйратышкан жок.

“Азаттык”: Буга чейин акимдер президенттин жардыгы менен дайындалчу. Буга шайлоо өткөрүүгө дүйнөлүк саясий маданият азырынча жетишпейт деп жүйө келтиришчү. Дегеле дүйнөлүк тажрыйбаларда жергиликтүү бийликтин башчыларын шайлоо тартиби кандай?

Эмил Жураев: Дүйнөлүк тажрыйбада шайлоонун өтө көп түрлөрү бар. Чыныгы демократия калыптанып калган жерлерде шайлоо жолу менен өтөт. Анткени жергиликтүү бийликтин күчү көп. Алар салык жагынан, финансылык-фискалдык жактан өтө чоң жоопкерчилик алышкан. Ошого жараша эл шайлап, өздөрүнө эң ишеничтүү, тажрыйбасы эң жакшы кишилерди шайлап алышат.

Эгер тыштан дайындалса, анда анын жергиликтүү элдин алдында жоопкерчилиги төмөн болот. Алар борборду карап, жоопкерчилигин ошого жараша түздөп турушат. Ошондуктан дүйнөлүк тажрыйба ар кандай болгону менен, Кыргызстанда чыныгы демократия курабыз десек шайлоо жолун жакшыраак карашыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

Балдарды асыроого берүү ачыкпы?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги чыгарылышы баланы чет өлкөлөргө асырап алууга берүү темасына арналды.

Катышуучулар: Социалдык өнүгүү министрлигинин Балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Жаңыл Сукенбаева жана Балдарды коргоо уюмунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстандан чет өлкөлөргө бала асырап, алып кетүү иштери менен алектенүү укугу биринчи болуп америкалык "Кристиан Уорд Эдопшн" коммерциялык эмес корпорациясына берилди. Сынакка жалпысынан АКШ, Испания, Канада жана Нидерланддан 15 компания катышкан экен. "Кристиан Уорд Эдопшн" кандай тандалып алынганына токтолсоңуз?

Жаңыл Сукенбаева: Мамлекеттик уюмдар аралык комиссия түзүлгөн. Ага бейөкмөт уюмдун да мүчөлөрү кирген.
Калкыбыз аз, ошондуктан бир бала болсо да чет жакка берүү туура эмес.

Талап боюнча тандалып алынган уюм өз мамлекетинде бала асыроо боюнча көп жылдар бою иштеп келген уюм болушу керек. Андан тышкары өзүнүн таза аброю, Кыргызстандагы иш-чараларынын оң жактары каралды.

Өкмөттүн токтому менен бекитилген мамлекеттик банк иштеп жатат. Анда кароосуз калган балдардын так саны бар. Бизге келген арыздарга карап, ошол банктагы балдарга ата-эне тандап берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгер баланын абалы ынандырса, биринчи кезекте Кыргызстан жарандарына асырап алганга беребиз.

Бүгүнкү күндө банкта 4 жаштан 18 жашка чейин 301 бала катталып турат. Алардын бардыгы нышан төрөлгөндөр. Кыргызстан жарандарына бул банкта каттоодо турган эң жөнөкөй оорусу бар баланы көрсөткөндө эле асырап алуудан баш тартышат. Ал эми чет жакка асырап алып кеткен ата-энелердин баланы айыктырып алганга мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстан жарандарына бул банкта каттоодо турган эң жөнөкөй оорусу бар баланы көрсөткөндө эле асырап алуудан баш тартышат.

Таалай Жакыпов: Негизинен асырап алуу маселесине жакшы эле карайм. Ал эми чет жакка берүүгө мен такыр эле каршымын. Азыр банк дегенде эле менин оюм башка жакка кетип атат. Башкача айтканда банк - бир жерге барып, каражат ала турган жай.

Чет өлкөлүк жарандарга берүү боюнча Орусиянын тажрыйбасын карап көрөлү. Так эле ошол мамлекеттик нормативдик актылар, жоболордун негизинде берилген балдар ал жакка баргандан кийин эле запкы жеп, зордук-зомбулукка дуушар болгон учурлар көп.

Орусия – чоң, күчтүү мамлекет. Калкынын саны да көп. Аны менен Кыргызстанды салыштырып болбойт. Биринчиден, калкыбыз аз, ошондуктан бир бала болсо да чет жакка берүү туура эмес. Ал баланы берген күндө да анын кийинки тагдырын көзөмөлдөөгө мамлекеттин азыркы күндө мүмкүнчүлүгү жок. Багып алган учурлар мурда деле болуп келген. Азыркы күндө жашырып деле болбосо керек, баланы асыроого берүү да коррупциялык системага айланып калган.

Гезиттер: Кер толгоо

Бүгүн жарык көргөн гезиттер Кыргызстандын ички-тышкы турмушундагы урунттуу деген окуяларды талдоого алышты.

Журналист Жылдыз Мусабекованын “Жинди” дүйнө деп аталган баш макаласы менен жарык көргөн “Айат” гезити түрмөлөрдөгү бунтту кыргыз мамлекеттүүлүгүнө каршы жасалып жаткан иш экенин, бүгүн коомчулук абактарды тартипке салыш үчүн аттанып чыккан генерал Шейшенбек Байзаковду колдобосо эркиндигибиз коркунчта калаарын дагы бир жолу эскертти.

Автор Жогорку Кеңеште “криминалдар отурат” дегендин чындыгы барын, ушу тапта бийликке мыйзамдуу жол менен келе албаган күчтөр бийликке жетүүнүн ушундай жолуна өткөнүн айтып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып: “Сиз, Алмазбек Шаршенович, оппозицияда жүргөн кезиңизде Курманбек Бакиевдин криминалдын алдына чөгөлөп чыкканын далай ирет сындагансыз, эгер “Байзаковду ордунан кетирүү менен проблеманы жабабыз” десеңер, катуу жаңылышасыңар. Анда эле кылмыш дүйнөсүнүн мыкчыгерлери төбөңөргө чыгып алып айтканын айткандай, дегенин дегендей жасатканга өтөт. Деги кылмыш дүйнөсү качан чээнге кирет дагы, качан өз мыйзамы менен жашоого өтөт? Эл сизге ишенип, сиздин ар бир кадамыңызды кылдат байкап, карап отурат” деп жазды.

Буга улай эле “Общактар” абакка түшкөндөрдү сабап, акча талап кылышабы? Же Жогорку Кеңеш абактагыларды неге актап жатат? Биз криминалга чөгөлөп, коркуп жашайбызбы?” деген теманын алдында Жаза өтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин, айрым депутаттардын, укук коргоочулардын ойлоруна орун берди.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: Жогор жактагылар мындай ызы-чуунун баары кайдан чыкты деп таң калып коюшат. Бул бир эле күндө пайда боло калган жок. Туугандары берип жиберген тамак-аштын 70 пайызынын 30 гана пайызы камактагыларга жетет экен,-десе,

Депутат Ирина Карамушкина: Менин жардамчымдын таанышы абакта отурат экен, анын маалыматы боюнча азыр “общактар” абактагылардан 10 миң сом талап кылып атышыптыр,-деп,

Депутат Алтынбек Сулайманов: Бул маселе боюнча өкмөттү чакырып, чара көрүү керек. Ооздорун тиккени үчүн жетекчисин чакырып "герой" берели. Чоң ЧП болуп атат. Абактагылардын туугандары да нааразы болушууда,-деп,

Генерал Абдыгул Чотбаев: Учурда өкмөт менен криминалдын ортосунда күрөш болууда. Өкмөттүн атынан Ш. Байзаков чыныгы күрөш жүргүзүүдө. Биз генералды колдойбуз. Эгер аны кетирсе, криминал мындан да күч алып, кийинки президент “мыйзамдагы ууру” болуп калышы мүмкүн,-деп,

Акыйкатчы Турсунбек Акун: Абактагылар “эмне үчүн Байзаков бир жактуу маалымат таратып атат? Эмнеге бизди каралайт? Эмне үчүн Алимбаев ашыкча баңгизатын кабыл алуудан өлдү" деп айтууда. "Ушуну журналисттерге жеткирип койгула. ММКларды киргизишпейт. Биз деле адамбыз да" дешүүдө. Буга кимди күнөөлөйм? Байзаковду же абактын жетекчисин күнөөлөй албайм. Бюджеттен 8 млн. сом гана бөлүнөт экен. Байзаков барган жеринде иш кылат экен. Бир да начальник мындай иш кылган эмес. Байзаковду Жогорку Кеңеш да, абактагылар да кетире албайт. Аны өкмөт гана чечет,-деп айтты.

“Айаттын” бүгүнкү санына ошондой эле белгилүү журналист Жаркын Темирбаеванын “Кыргыздын канын төккөн байлардын тилине кирип, малча союлган кыргыздын сөөгүн аттап өтүп, көзүн таңып алган укук коргоочуларды улуттун аккан канына, кусуруна койдум” деген аталыштагы маеги да жарык көрдү.

“Учур” гезити депутат Бактыбек Калмаматовдун “Мамлекеттин тагдыры бычактын мизинде турат” деген, “Исаковдун түбүнө тууганы Байдөлөтов жетеби?” деген, “Текебаев байып алды. А биз жөө жүрөбүз” деген макала жана маектер жарык көрдү.

Кыргыз өкмөтүнүн стратегиялык талдоо бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиевдин “Бийликти күч менен кармоо куру кыял” деп аталган маегинде Борбор Азия аймагындагы бири бирине чырмалышкан маселелер, Акаев, Назарбаев, сот бийлиги тууралуу кенен сөз болду. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытовдун маеги “Текебаевдин иши - популизм менен упай топтоо” деп аталды.

Таланттуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызыктуу маеги “Казактардын кыздарынан жолдуумун” деген ат менен тартууланды.

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова тууралуу баянын “Дүр атанын кызы жана чымындуулар” деген аталыш менен биринчи бетине чыгарган “Де-факто” гезити жаңы санында кыргыз кызын тепкилеген Гүнеш Йылмаз 6 жылга соттолгонун маалымдады.

Депутат Каныбек Иманалиев “Борбор Азиянын суу державасы болуп туруп коңшуларга неге жалдырайбыз?” деген ат менен маек курду. Ал акыркы кездери Орусия, Кытай, Пакистан, АКШ өңдүү кудуреттүү өлкөлөр Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарына бекеринен кызыкпаганын, себеби жакынкы эле мезгил ичинде Борбор Азиянын суу ресурстарына кайсы өлкө ээлик кылса, ошол өлкө аймактын геосаясатын колго алганы турганын кеп кылды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга барган иш сапары, үч державанын ортосундагы оюндар тууралуу саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун маегинде сөз болду. Аликбек мырза биз азыр тышкы саясаттын жаңы концепциясын аныкташыбыз зарылдыгын, буга чейинки президенттер тигил жакка барып бирди айтып, бул жакка келип башканы айтып саясат жүргүзүп келишкенин, эч кимди алдабай, мамлекеттин кызыкчылыгын башкы орунга койгондо гана мамлекет эл аралык кадыр-баркка ээ болорун, инвесторлор да ишеним менен келерин, бирок Атамбаевдин бул жолку иш сапарынан кыйкым издөөнүн кереги жоктугун, геосаясий алкакта таасир көрсөтүү жагынан ансыз деле Түркия Орусия менен теңтайлаша албастыгын, анын экономикалык потенциалы абадан чоңдугун, ири ядролук держава болуп саналарын эске салды.

“Мегакомдун” чатагы дале бүтпөй келатканы, анын акыйкатына сот гана жетери журналист Мирлан Дүйшөнбаевдин макаласында баяндалды.

Башкы прокурор Аида Салянованын үй-бүлөсү, жашоо-турмушу, ата-энеси, өмүрлүк жары, кайнене-кайнатасы тууралуу баян сүрөттөрү менен коштолуп жарык көрдү.

Кыргыздын жыгач устачылык өнөрүнө атайын макала арнаган “Де-факто” гезити азыркы күндө Бишкек шаарында мыйзамдуу каттоодон өтүп алып эмерек жасап жаткан чакан ишканалардын саны 100гө жетип барганын, ал эми 90го жакын эмерек саткан дүкөндөрдүн 50 проценти түрк ишкерлерине таандык экендигин кабарлады. Макалада эмерек жасап ишкерлик кылам деген адам алгач эмнеден башташы керектигин түшүндүргөн 7 кадамдан турган сабак тартууланды. “Эльмар” эмерек цехинин башчысы Азиз Карыкеевдин чакан маегинде бүгүн кыргыздар эмеректи жашап турган үйлөрүнө ылайыктап заказ менен жасата баштаганын, каалоочулар улам көбөйүп баратканын кеп салып берди.

Ушу күндө түрмөдөгүлөрдүн 7 миң адамы ачкачылык кармап, миңден ашууну оозун тигип алганы журналист Семетей Талас уулунун макаласында сөз болду.

Дүйнө он жылда 600 миллион жаңы иш орунга муктаж

Эл аралык Эмгек уюму жаңы иш орундары реалдуу экономикада түзүлүүсү керек деп эсептейт.

Дүйнө экономикада туруктуу өсүштү жаратуу жана социалдык биримдикти камсыздоо үчүн алдыдагы он жылда 600 миллион жумушчу орунду токтоосуз түрдө түзүүгө муктаж.

Мындай тыянак эл аралык Эмгек уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Жөн эле эмес, жакшыраак төлөнгөн иш орундарын жаратуу - Кыргызстан үчүн да учурдун актуалдуу маселеси.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй, эмгек базарында үч жылдан бери туруктуу уланып келген кризистен улам азыр да дүйнөдө 200 миллион киши жумушсуз бойдон калууда.

Ошол эле учурда жумушчу күчү жылына 40 миллионго өсүп жаткандыгын эске алганда, алардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн алдыдагы он жыл ичинде кеминде жаңы 400 миллион жумушчу орун түзүү талап кылынат.

Эмгек базарына жаңыдан келип жаткандарды жана азыр жумушсуздарды кошкондо алдыдагы он жылдын муктаждыгы 600 миллионго чыгып кетүүдө.

Жумушсуздар көбөйүшү күтүлөт

Эл аралык Эмгек уюмунун баяндамасынын авторлорунун бири Экхард Эрнст “Азаттык” үналгысына буларды айтты:

- Биз бул жана алдыдагы эки-үч жыл үчүн көрүп жаткан нерсе – жумушсуздук боюнча глобалдык кырдаалдын начарлашы. Өзгөчө Улуттук дүң өндүрүштөрдүн төмөндөөсү таасири астында, өнүккөн экономикаларда жумушсуздук көрсөткүчү өсөт. Биз ошондой эле соңку кездери байкаган көрүнүш - иштөө шарттарынын начарлаганы. Иштегени менен жакырчылыкта жашагандардын глобалдык көрсөткүчүнүн төмөндөөсү уланган жок. Алар тогуз жүз миллион адамдын тегерегинде турууда. Эгер глобалдык экономикалык кырдаал начарлап кетсе, бул дагы көбөйүшү мүмкүн.

Ирак - жумуш күткөндөр
Ирак - жумуш күткөндөр
Эл аралык Эмгек уюмунун өкүлү атаган 900 миллион иштөөчү, бул уюмдун эсебинде, үй-бүлөсү менен күнүнө эки доллардан аз каражатка жашагандар. Алар негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тургундары.

Эл аралык Эмгек уюму баяндамасында иш орундарынын жакынкы келечеги боюнча үч божомол жасаган.

Биринчиси боюнча жумушсуздар саны быйыл дагы үч миллионго көбөйүү менен 2016-жылга карата 206 миллионго чыгат.

Экинчиси боюнча эгер глобалдык экономиканын өсүш ыргагы кокус 2 пайыздан төмөн болсо, быйыл жумушсуздар 204 миллионду түзөт.

Үчүнчүсү мындан жакшыраак божомол, эгер евроаймактагы карыз кризиси тез жөндөлсө, глобалдык жумушсуздуктун көрсөткүчү быйыл былтыркыдан 1 миллионго аз болот.

Иштейин десе, айлык аз

Жумушсуз жарандар үчүн айрым иш орундары болгону менен сунуш кылынган бир айлык эмгек акыны бөлө келгенде, күнүнө 130 сомдон, же эки жарым доллардын тегерегинде тийиши, Кыргызстандын эмгек, жаштар жана ишке жайгаштыруу министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, миңдеген жарандардын, өзгөчө жаштардын эмгек мигранты катары четте жүрүшүн шарттоодо:

- Бизде мектепти жылына 100 миңге жакын окуучу бүтөт. Андан тышкары 25 миңдей улан-кыз жогорку окуу жайын аяктайт. Жылына жумуш сурап (ишке жайгаштыруу мекемелерине) 270-290 миңге чейин адам кайрылат. Биз сунуш кылган жумуш орундар көпчүлүктү канааттандырбайт, анткени айлык акы төмөн. Айына төрт миң сом айлык сунуш кылган жумушчу орундар көп эле болгону менен ал бүгүнкү күндөгү талапты, көбүнчө жаштарды канааттандырбайт экен. Алар көбүрөөк акча тапкысы келип жатат.

Эмгек уюмунун баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаал Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттер тобунда чогуу каралган.

Анда аталган аймактардагы өлкөлөрдө 2011-жылы жумушсуздук көрсөткүчү жогору болгондугу, 2012-жылы деле чоң өзгөрүү күтүлбөстүгү көрсөтүлөт. Баяндама авторлорунун бири Экхард Эрнст мындай дейт:

- Соңку жылдары кырдаал жакшырган. Бирок азыр экономикалык кырдаалдын начарлашынын таасирин эске алганда, биз жумушсуздук көрсөткүчү кийинки эки жылда кайра жогорулай турганын күтүп жатабыз.

Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европанын Евробиримдикке мүчө эмес мамлекеттеринде жана КМШда былтыр жумушсуздук 7,2% барабар болгон. Бул экономикалары кризиске кабылган өнүккөн өлкөлөрдөгү көрсөткүчкө барабар.

Ал эми жаштар арасындагы жумушсуздук 17% ашкан. Дегеле жаштар учурда жумушсуздуктан эң көп жабыр тарткан катмар.

Эмгек уюмунун баяндамасында келтирилген маалымат боюнча былтыр жумушсуз жүргөн 200 миллиондой кишинин 30% ашууну же 74,8 миллиону 15-24 жаш курактагылар экен.

Кайра каралган божомол

Аталган уюмдун баш директору Хуан Сомавиянын пикиринде, өкмөттөрдүн аракеттерине карабай, эмгек базарындагы кризис басаңдабай жатат. Андыктан иш орундарын реалдуу экономикада жаратуу артыкчылык берилген маселе болушу керек. Бирок бул реалдуу экономикадагы өсүшсүз мүмкүн.

Эл аралык валюта кору бул аптада кайра каралган жаңы божомолун жарыялады. Ага ылайык, быйыл дүйнөдөгү дүң өндүрүш 3,3% гана өсөт. Бул былтыр сентябрда жасалган божомолдон 0,7% төмөн дегендик.

КМШ өлкөлөрүндө да өсүш былтыркы божомолдон 0,7% ылдыйлап, быйыл 3,7% болот деп күтүлүүдө.

Кутулар ишенимди кайтарабы?

Ош шаарында милиция ишеним кутуларын орнотту. Күч органдарына түз барып айта албай, же аты-жөнүн билдиргиси келбегендер эми арыз-муңун ушул жол аркылуу жеткирсе болот.

Тартип коргоо органдары бул аракет элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу аракетинин алгачкы баскычы дешет. Бирок ошол эле кезде айрым шаар тургундары мындан жыйынтык чыгарынан күмөн санашууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун "Азаттыкка" кабарлашынча, шаарга орнотулган ишеним кутулары милицияга жетпей жаткан көп маселелердин бетин ачышы мүмкүн:

- Ишеним кутулары милицияга Ош шаарындагы коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлгө алууга жана жарандардан айрым бир маалыматтарды алып турууга көмөктөшөт. Ошондой эле элден алынбай калган курал-жарактар тууралуу да анонимдүү маалыматтар түшүп калат деп күтүп атабыз. Кутуларда шаардык ички иштер башкармалыгынын ишеним телефондору жана электрондук даректери да жазылган. Тургундар ушул жолдор аркылуу каалаган маселелерин, милиция кызматкерлерине нааразылыктарын же ыраазылыктарын кат жүзүндө салса болот.

Ишеним кутулары шаардагы калктуу 6 жерге жайгаштырылды. Сыдыковдун белгилешинче, аларга түшкөн ар бир кат шаардык милициянын башчысынын колуна тиет:

- Кутулар менен гана элдин ишенимин кайтарып алабыз деп айтуудан алыспыз. Бул болгону ошого карай аракет кылып жатканыбыздын белгиси. Эл менен милициянын жакындаштырсак, бири-бирине болгон мамилесин оңдосок деген ниет. Элдин толук ишенимине кирүү бул күч органдарында иштеген ар бир милициядан көз каранды. Алардын ар бири жүрөгү менен берилип, таза иштесе гана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Милициянын бул иш аракетин шаардыктардын көбү колдоого алганы менен, андан жыйынтык чыгаарынан күмөн санашууда. Оштун тургуну Расул Маматов:

- Менимче бул абдан жакшы саамалык. Себеби элдин арасында милицияга түз барып айта албай, же кайрыла албай жүргөн адамдар көп. Бир нерсени кабарлап койойун деп, бирок өзүмдү таанып калбасын деп корккондор бар. Өзгөчө баягы коогалаңдан кийин мындай адамдар формачандарды көрсө эле качып калышты. Болгону маселе ошол жакка жазылган ар бир маалымат каралып, анан жыйынтыгы чыгып турабы дегенде болуп атат. Эгер жыйынтык жок болсо, бул көргөзмө курал сыяктуу эле кызмат кылат.

Шаардын башка бир жашоочусу Изаттулла Рахматуллаев милициянын ишеним кутуларына үмүт артып жаткан экен. Анткени карапайым эл кайсы бир маселеде өз аты-жөнүн айтуудан кооптонот:

- Милициянын, прокуратуранын же Улуттук коопсуздук кызматынын кайсы бир кызматкерлерине нааразы болуп, же алардын үстүнөн арыз жазууну каалагандар бар. Бирок алар ошол эле күч органдарына барса, аларды ошол жерден таанып калып, ар нерсе кылышы мүмкүн. Ошол себептүү коркутуп-үркүткөндөргө карата чара да колдонулбай келген. Бул эми ошолорду аз-маз болсо да ооздуктайт го.

"Бирок милиция калк менен ачык диалогго келбесе, элдин ишеними ошол бойдон эле кала берет" деп кошумчалайт Рахматуллаев:

- Милиция өзүнүн милиция деген атына татыктуу болбосо, эл баары бир ишенбей кала берет. Бул жерден аларга кайрылуу маселеси гана эмес, формачан адамдардын элге кылган мамилеси башкы орунда туруп жатат. Ар бир адамды сыйлап, укугун коргоп, урматтап, мыйзам чегинде мамиле кылса гана эл аларды колдойт. Азыр эми аларга ишенич жок.

2010-жылкы апрель жана июнь окуяларынан кийин калктын күч органдарына болгон ишеними бир топ төмөндөп кеткендиги айтылууда. Ошол себептүү коомчулук менен милициянын ортосундагы байланышты жакшыртуу жана бекемдөөнү тездетүү керектиги белгиленип келет.

Чехтер казиного каршы күрөшүүдө

Прага - Борбордук Европанын кумарканалар менен казинолор көзөмөлсүз көбөйүп жаткан Лас-Вегасы деп аталат. Учурда Чехияда кумарчылык жана менен күрөш улам курчууда.


Мындан беш жыл мурда Чехияда 1300 кумаркана болсо, бүгүн 800ү калган жана азыр көрүлүп жаткан чаралардын аркасы менен алардын саны дагы азаят. Өлкөдө кумарчыларды дарылоо жана бул илдеттин алдын алуу боюнча иш-чаралар да мамлекеттик деңгээлде колго алынган.

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:


please wait

No media source currently available

0:00 0:24:04 0:00
Түз линк


Прагадагы Бохнице психиатриялык ооруканасынын атайын бөлүмүндө кумар оюндарына берилип кеткендер дарыланат. Бөлүмдүн жетекчиси Карел Нешпор:


Прагада казинолорго кысым өсүүдө, алар жакында күндүз жаркырап турган рекламадан баш тартууга тийиш.
Прагада казинолорго кысым өсүүдө, алар жакында күндүз жаркырап турган рекламадан баш тартууга тийиш.

- Мындай дарылоо үчүн мамлекет зор чыгымга учурайт. Паталогиялык оюнчулардын басымдуу көпчүлүгү дарыланбайт. Алар акча табыш үчүн уурулук, башка кылмыштуу иштерге барат. 10-20 киши иштеген фирманын жетекчиси кумар оюндарына берилип кетсе, фирма банкрот болот, кызматкерлер айлыктан, ишинен айрылат. 17 жаштагы бала окуусун таштап, оюнга берилип кетсе - окуп, иштеп, мамлекетке салык төлөгөндүн ордуна кылмыштуулуктун жолуна түшөт, рецидивистке айланып, билимсиз, ишсиз, бүт өмүрү кылмыш чөйрөсүндө өтөт. Мындай учурда эсепсиз чыгымга туш келебиз.

- Кумарчылыкка берилгендер кимдер? Көпчүлүгү социалдык чабал катмардын өкүлдөрү десек болобу?

- Акыр-аягында кумарчылардын бардыгы социалдык жактан чабал катмардын өкүлдөрү болуп калышат! Анткени бул көйгөй узакка созулса, ал итке минип, көчөдө калат. Бирок кумарчылыкка жаңыдан берилгендерди карасак, коомдогу орточо статистика боюнча квалификациясы жок кара жумушчулардан тартып, жогорку билимдүүлөргө чейин бар. Бир ирет патологиялык оюнчу болуп кеткен сотту дарылаганбыз. Бизге акылы ашып, ташыган, абдан билимдүү, жетекчилик кызматта иштегендер да түшөт.

Эмне себептен Чехия дароо эле бардык оюн жайларына тыюу салган жок? Кумар оюндары менен тейлеген фирмалар биримдигинин жетекчиси Андрей Чиртек жапырт тыюу көмүскө базардын пайда болушуна түрткү болот деп эсептейт. Ал жергиликтүү администрациялардын айрым жетекчилери же старосталар бул каражатты спорт жана маданий тармактарга багытоого сөз беришкендигин мындайча бышыктады.

Жижков Праганын эски, жардыраак ооданы. Владислава Гуйнова "Топ - 09" партиясынан шайлаган Жижковдун старостасы:

Оштогу казино 2010-жылдагы июнь коогасында өрттөлгөн. Жаңжал ушул жерден башталгандыгы айтылган.
Оштогу казино 2010-жылдагы июнь коогасында өрттөлгөн. Жаңжал ушул жерден башталгандыгы айтылган.
- Жижков ооданында кумарканаларга байланышкан өтө терс тажрыйба бар. Өткөн жылы кумарканалардан салык түрүндө 7 миллион доллар алдык. Биздин бюджет 1 миллиард крондон ашат, ага салыштырмалуу, адамдардын турмушуна, алардын кыймылсыз мүлкүнүн нарксызданышына, социалдык жактан чабал жарандарга тийешелүү болгон жана акча менен эсептелбей турган көйгөйлөрдү эске алганда, 7 миллион аз эле акча. Казинолордун жабылышы оодандын өнүгүшүнө алда-канча чоң салым кошот.

​- Кумарканалардын иш-аракетин чектөө менен катар, сиздин бийлик кумарчылыкка каршы кандай иштерди жүргүзөт?

- Биз балдар менен жаштардын активдүү эс алуусуна багытталган, алар компьютердин маңдайында эле отура бербестен, башка балдар менен чогуу болуусун колдой турган программаларга кеңири колдоо көрсөтөбүз. Эгер бала эртеден кечке компьютерди эле тиктеп отурса, анын кумар-автоматтына өтүшүнө бир эле кадам калат. Ал досу жок, эл катары жашабай калганын байкабайт. Анын бир гана досу – компьютер болуп калганын билбейт.

Гуйнова жетектеген Жижков администрациясы көп сандаган маданий, коомдук жайларды колдойт. Алардын бири Акрополис театрында бир жылы белгилүү ырчы Нурак Абдрахманов концерт берген.

Праганын түндүк кыйырындагы Бохнице ооданындагы психиатриялык ооруканадагы доктор Карел Нешпордун колунан жүздөгөн турмушу бузулган адамдар өткөндүктөн, ал кумарканалардын жабылышын колдойт:

- Коомчулук кумарчылыктын бардык формасынан баш тартышы керек. Эгер мен дүкөнгө барганда кимдир бирөө «мындай товарды алсаң, бир нерсе утуп аласың» деп азгырса, мен аны албайм. Себеби мунун артында шылуундар турат, кимдир бирөө туйтунат. Мага андай акчанын кереги жок. Мен ошондой эле тамекиге ышталган кумарканага же казиного барбайм, иштен чарчап келгенден кийин үй-бүлө, жоро-жолдошторум менен эс алам. Ошондуктан сиздердин угармандарга дагы берээр кеңешим - кумарчылыктан, алкоголдон, баңги заттардан алыс болгула. Урматтуу угармандар, сергектик жакшы!

Кумарканаларга каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00
Түз линк

4-январда Бишкек шаарындагы Ак үй алдында кумарканалардын жабылышын талап кылган митинг өттү. 1-январдан тарта Кыргызстанда кумарканалардын иштөөсүнө тыюу салынган. "Азаттыктын" кабарчысы кумарчылыктан жапа чекендердин жакындары менен кошо Бишкектеги бир канча оюн жайларын кыдырып чыкты.

"Малчы эмес, кул болдум"

Жаанбек Чилетиров

Жалал-Абаддын Сузак районунда түзүлгөн ыкчам топ зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөнү куткарып, коопсуз жайга жеткирди.

Жаанбек Чилетиров бир аптадан бери эки баласы жана аялы менен бирөөнүн үйүндө баш калкалоодо. Ага дейре ал оозеки келишим боюнча бир ай бою Сузак районундагы Жоон-Күңгөй айылындагы Үрүмбаш деген кыштоодо Руслан Кыралиев аттуу адамдын коюн багып жүргөн.

Макулдашууга ылайык, жазга дейре иштөөнү чечкен Жаанбекке мал ээси айына беш миң сомдон айлык төлөп, тамак-аш менен камсыз кылуу жагын да мойнуна алган. Бирок, Жаанбектин айтымында, кой ээлери кетейин десе кетирбей, аны кулчулукта кармап, убадасын толук аткарган эмес.

Отун-суусу, жарыгы жок кыштоодогу жашоо жана мал ээлеринин оокатты ченеп-бычып бергени көңүлүн иренжиткен малчы январдын ортосунда башка жакка көчүп кетмек болот. "Каш карайганда жол тосуп чыккан кой ээлери машинадагы жүгүмдү чачып, өзүмдү жулмалашты", - дейт Жаанбек Чилетиров:

- Баш-терисин ээндери менен бергем. “Өлгөн койду төлөп бересиң, кетпейсиң”, - деп кармап калышты.



Ошентип кой ээлери аны кыштоого кайтарышып, кетүүгө уруксат бербей, бир күн кармап турушат. Аргасы түгөнгөн Жаанбек Чилетиров жардам сурап, акыйкатчыга телефон аркылуу кайрылат.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү койчуну бошотуп алуу ишине жергиликтүү уюмдардын кийлигишүүсүн өтүнөт. Өкүлдүн билдирүүсүнөн кийин Сузак райондук прокуратурасы тармактык жана коомдук тартип кызматкерлеринен ыкчам топ түзүп, топту кыштоого жөнөтөт. Ыкчам топтун аракети менен Жаанбек Чилетиров 18-январда кыштоодон бошотулат. Ал аялын төрөт үйүнө жеткиргени жана карышкыр жеп кеткен кой үчүн да үй ээлери айлыгын өөнөп калганын билдирди.

Мындай дооматтар менен Кыралиевдердин үй-бүлөсү макул эмес. Чилетировдун Токтогул районунан Сузактын тоосуна көчүп келүүсү жана аны менен өз үй-бүлөсүнүн келишиминин башында болгон Венера Кыралиева Жаанбек кимдир-бирөөлөрдүн тилине кирип, короодогу койлорду өткөрүп бербей, түндө эскертүүсүз көчүп кетмек болгонун айтууда.

Кыралиеванын ырасташынча, оорулуу иниси Русландын адамды ураар күчү жок. Чилетиров эмгек акысын ай сайын эмес, бир нече айдыкын топтоп алууга өзү макул болгон, ал барымтада кармалган эмес. Мал ээлери аны ай жарымында келген жагына жеткирип коймок болушканда Жаанбек өзү андан баш тарткан. Оперативдүү ыкчам топ барган күнү да ал кой ээлерине кайыр-доосу жоктугун билдирген.

- Иним Руслан Кыралиев алты-жети жылдан бери ооруп жүрөт, төрт-беш жолу операция болгон, анын ура турган абалы жок.



Сузак райондук прокуратура түзгөн ыкчам топ Жаанбек Чилетировдун үй-бүлөсүн куткаргандан кийин кооптуу жайга жеткирген. Төрөт үйүнө 18-январда жаткырылган жубайы көз жарган. Чилетиров кайрылгандан кийин 20-январда райпрокуратура кылмыш иш козгогонун прокурор Талантбек Акышев билдирди:

- Арыздын негизинде биз ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин биринчи бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишин козгоп, азыркы күндө милиция тарабынан тергелип атат. Иш "Кулчулукка пайдалануу" беренеси боюнча козголду. Кыралиев Руслан андай болбогонун айтат.

Прокурордун айтымында, кылмыш ишти тергөө Сузак районундагы Октябрь айылдык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG