Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:05

Кыргызстан

Сох: өзбек чек арачылары текшерүүнү күчөттүбү?

Сох анклавы

Өзбекстан Сох анклавындагы чек ара көзөмөлүн күчөткөнү маалымдалууда.

Баткен облусунун тең жарым калкы ааламга чыгарда Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүшөт. Мындан тышкары Баткен районунун эки айыл округунун жашоочулары күнүмдүк турмушта бул анклавга кирип-чыгып турушат.

Аймак жашоочулары акыркы апталарда Сохтон өтөөрдө чек ара көзөмөл бекеттери текшерүүнү бир аз катуулатып, тыкыр көзөмөлдөп калганы байкалганын айтышат. Мындайда баткендиктер дароо каттамды Баткен – Бүргөндү – Пүлгөн жолуна алмаштыра койгонго мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Аталган айланма жолдун дээрлик 65 пайыздайы бүтүп калган.

Өткөн күнү эле Ошко барарда Сох аркылуу өтүп, кайтып келатканда айланма жол аркылуу келгенин айтат жергиликтүү тургун Алимакан:

- Ошко барганда Сох менен өттүк. Бир аз текшерүүнү катуулатып коюшуптур. Сумкаларды да тыкыр карап, бирден өткөрүп жатышат. Ошондуктан кайра кайтканда айланма жол менен эле келдик, тынч дедик да. Бул жол да жакшы болуп калыптыр.

Өзбекстан Сох анклавын айланып өтүүчү Баткен – Бүргөндү – Пүлгөн жолунун курулушун токтотуу талабы менен Кыргызстанга кайрылганы да айтылган эле. Ал гана эмес, Сох анклавынын айланасындагы кээ бир жылып жүрүүчү чек ара көзөмөл топтору да мурда турган жайларынан Кыргызстанга карай жылып жатат деген да маалыматтар айтыла баштады. Мындай учур Таян айылына кире беришинде орун алды дейт жергиликтүү тургун Токтокан.

Токтокандын айтымында, өзбек чек арачылары айылга кире бериштеги жазуудан да өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан экен:

- Мурда кыйла нары жакта турушчу эле. Азыр болсо “Кош келиңиздер” деген жазуудан да ичкери кирип турушат. Таян айылынын кире беришине жетип калышты. Ар бир кишини катуу текшерип жатышат.

Кошуна өлкөнүнүн мындай мамилеси көндүм көрүнүш. Ташкен кандайдыр бир өзгөрүүгө багытталганда эле же Кыргызстан менен эсептешкиси келип, кайсы бир маселени чечүүгө келгенде ушундай жолго барат дешет.

Жергиликтүү серепчи Алтынбек Гафур уулу:

- Буга чейин деле биз бул өткөрмө бекеттеринен өтүп жүрөбүз. Мындайча айтканда баткендиктер мындай текшерүүлөргө көнүп калган десе болот. Мунун бизге таасири деле аз. Себеби биз айланма жол менен каттап турууга мүмкүнчүлүк бар да. Кошуналар чек арадагы өткөрүү тартибин күчөтүп жатканы өтө коркунучтуу көйгөй дегенге болбойт. Бирок Өзбекстан ушундай саясатын ар качан кайсы бир маселени чечүүдө, же Кыргызстанга кырын салып калганда жүргүзө берет. Муну менен Өзбекстан кошуналарсыз деле жашап кете алабыз дегенди көрсөткүсү келип жаткандай.

Апта-маанай (25-30-июнь)

Апта: Өзбекстандын кадамы, парламенттин талабы

Жогорку Кеңеш Кумтөрдү кайрадан текшерип чыгууну чечти. Өзбекстан ЖККУга мүчөлүгүн токтотконун жарыялады.

Өзбекстан өзү билет...

Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчөлүгүн токтотконун 28-июнда жарыялады. Ташкендин бул кадамы мурунку СССРдин аймагында таасирин калыбына келтирүүгө аракеттенип жаткан Москва үчүн олуттуу сокку. Андан сырткары Бажы биримдигин кеңейтүү багытындагы Орусиянын аракеттери да жемиштүү болбошунан кабар берет.

Президенттик кызматка киришкенден кийин Владимир Путин тышкы сапарын алгачкы болуп Өзбекстанга жасап, бул мамлекеттин региондогу салмагын жогору баалаган эле. Путиндин сапары орус-өзбек мамилеси өрдөө жолунда болоорун кепилдегендей болгон. Бирок андай эместигин Ташкендин акыркы кадамы тастыктады.

Азыркы кезде Өзбекстан эмне себептен мындай кадамга барды деген суроолор жаралып турат. Айрымдар муну Ош окуясында ЖККУнун аракетсиздигине байланыштырса, башкалар Ташкендин Вашингтон менен жакындашып, Ооганстандан чыгарыла турган куралды Өзбекстанда калтыруу, мүмкүн аскердик база жайгаштыруу максаты менен байланыштырууда.

Экинчи вариант чындыкка көбүрөөк жакындай. Анткени АКШнын куралын көп өлчөмдө алуу менен Өзбекстандын аскерий тармагы НАТОнун стандартына бет алат. Бул Ташкенди Москва менен байланыштырып турган дагы бир жиптин үзүлүшүнө, көз карандысыздыгынын артышына алып келет. Ошондуктан буга Москва каршы чыгып, эки ортодо келишпестик пайда болгондой.

Андан сырткары Ташкен АКШнын аскерий базасын Өзбекстанда жайгаштырууга макул болушу мүмкүн. Эгерде маселе ушундай болуп чыкса, анда Ташкендин ЖККУдан чыгуусуна жүйө бар. Себеби ЖККУда жаңы жетишилген келишимге ылайык, уюмга мүчө мамлекеттин аймагына алыскы чет өлкөлөрдүн аскердик базасын жайгаштыруу үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ар биринин макулдугу керек. Өзбекстан үчүн ЖККУ өлкөлөрүнөн уруксат сурап отуруу ойго келбеген иш.

Кыргыз парламентинин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов Өзбекстан буга чейин эле ЖККУнун формалдуу гана мүчөсү болуп келгенин белгилеп, анын мүчөлүктөн чыгуусун мындайча чечмеледи:

- Өзбекстан - эгемендүү мамлекет. Ошондуктан Өзбекстан кандай чечим кабыл албасын, биз аны сыйлашыбыз керек. Мен бул жерде кандайдыр бир тескери кете турган жараянды көргөн жокмун. Өзбекстан көп тараптуу мамиледен көрө, эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө өтүү туура экенин эч качан жашырчу эмес. Ошондуктан азыркы чечими ушуга байланыштуу деп ойлойм. Экинчиден, глобалдык жараяндарга байланыштуу болсо керек.

Токон Мамытовдун айтымында, Өзбекстан алты ай бою ЖККУнун мүчөсү катары кала берет. Анткени уюмдан чыгуу ниети алты ай мурун маалымдалышы керек. Өзбекстан ЖККУда өзүн ыңгайлуу сезбегени үчүн ушундай кадамга барды. Демек ЖККУнун ар бир мүчөсү өзүн ыңгайлуу сезиш үчүн уюмду реформалоо зарылдыгы келип турат.

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Өзбекстандын чечими Москва үчүн жагымсыз болду деп эсептейт. Анын айтымында, Ташкендин бул кадамы ЖККУ үчүн дурус эмес:

- Бул ЖККУ үчүн жакшы көрсөткүч эмес. ЖККУну бириктирип, коопсуздук багытында чогуу аракет жасайлы деген максатына Орусия жетпей жатат. Келечекте коопсуздугубузду бирге сактасак болот эле. Бирок ар бир мамлекеттин өзүнүн көз карашы бар. Өзбекстандын өзүнүн көз карашы бар болсо керек. Аны менен биз макул болобузбу, макул болбойбузбу, бирок бул Өзбекстандын эрки.

Мирослав Ниязов Ташкендин кадамы АКШнын Ооганстан саясаты, андан чыгарыла турган куралга байланыштуу экенин четке каккан жок.

Ташкендин жакын кошуналары менен да мамилеси жакшы эмес. Акыркы мезгилде Тажикстан менен мамилеси кескин курчуп турат. Кыргызстандын дарегине да Өзбекстандан нааразылык көбүрөөк айтыла баштады. Маселен, акыркы күндөрү Ташкен Сохту айланып өтүүчү жол, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча терс пикирлерин билдирди.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмун түзүү келишимине 1992-жылы Ташкенде кол коюлган. 1999-жылы Өзбекстан уюмдан бир ирет чыгып, Анжиян окуясынан кийин кайра мүчөлүгүн калыбына келтирген эле.

Эки кармашта тең бийлик утуш менен чыкты

Кыргызстандын ички саясаты мурунку апталарда башталган жараяндардын жыйынтыкталышы менен коштолду. Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди эки айга абакка отургузууга жетишти. Ал эми парламент Кумтөргө байланыштуу токтомун кабыл алды.

Эки маселеде тең оппозиция ийгиликке жетише алган жок. Узак мөөнөттүк келечекте ким мөөрөйлүү болуп чыгышы белгисиз. Тактап айтканда, бийлик тактикалык жеңишке жетишти. Бирок келечектеги стратегиялык кармаштарда эки маселе тең кайсы тараптын пайдасына ойноору белгисиз.

Маселен, Түлеевди алсак. Мурдагы мэр шаарды автобус, троллейбустар менен камсыздоо, тазалоо жана жолдорду оңдоо, иретке келтирүү менен элдин эсинде калган. Аны коррупционер деп канча айыптаган менен эл эсинде иштеген мэр катары турат. Анын үстүнө азыркы мезгилде Бишкек шаардык кеңешине шайлоого кармаш күчөп келатат.

”Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов:

- Ошол эң негизги себеп болуш керек деп ойлойм. Анткени шаардык кеңешке шайлоого даярдык оппозиция тараптан да, бийлик тараптан да абдан күчтүү болуп жатат. Бул жерде ортого коюлган байге абдан чоң. Анткени шаардык кеңеш шаардын маселелери менен алек болбостон, бүткүл республикага таасири тийип турат.

Нариман Түлеевди коррупциянын символу катары көргөндөр да жок эмес. Маселен, “Апрель байрагы” уюмунун мүчөлөрү Түлеевдин камалашын жактап акцияга чыгышты. Уюмдун мүчөсү Тариэл Искаков:

- Бизде коррупционер кармалса эле кайра бошотулат. Бизге Түлеевби, же башкабы айырмасы деле жок. Негизгиси мамлекеттин мүлкүн жеген адамдар жазасын тартабы, бул аягына чыгабы деп көзөмөл кылалы дедик.

Нариман Түлеевдин камакка алынышы бир жагынан депутаттардын кол тийбестиги шарттуу экенин көрсөтсө, экинчи жагынан коррупцияга каршы күрөштө бийликтин укуругу узундугун, кимди болбосун жоопко тартууга мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөттү. Демек күрөш реалдуу болсо, анда алдыда дагы камакка алуулар күтүлөт.

Нариман Түлеевдин камакка алынышы депутаттардын үрөйүн учурбаса да, түмөн түйшүккө салды. Парламентте маселе көтөрүлүп, Түлеевди кармоонун мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссия дароо түзүлдү. Күтүлгөндөй эле адегенде комиссия мүчөлөрү депутатты кармоодо мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, башкы прокурор Аида Салянова жана УКМКнын башчысы Шамил Атахановду кызматтан алуу маселесин көтөрүп чыкмак болду. Бирок соңунда комиссия мүчөлөрү ага дааган жок. Алар мыйзам бузуулар болсо да аны УКМКнын башчысы жана башкы прокурор өзү талдап алсын деген жыйынтыкка келишкенин парламентте жарыялашты.

Маалым болгондой, Кумтөр маселесин оппозициялык фракциянын лидери көтөрүп чыкты. Депутаттык комиссияны да жетектеген Садыр Жапаров өз иликтөөсүнүн соңунда Кумтөр боюнча мурунку жетишилген келишимдерди жокко чыгарып, алтын кенин Кыргызстанга кайтарууну көздөгөн радикалдуу чечимди сунуштады.

Кумтөргө байланыштуу жумшак чечим калк ичинде кандай ойлорду пайда кылаарын түшүнгөн башкаруучу коалиция адегенде мындай чечимге каршы чыга албай, бирок акырындап демилгени колуна алды. Соңунда “балта көтөрүлгөнчө - дөңгөч эс алат” дегендей күзгө чейин Кумтөрдү дагы бир ирет текшерип чыгууну чечишти.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 5-июлга карай мамлекеттик комиссия түзүлөт. Комиссия октябрь айына чейин иликтөөсүн жүргүзүп, 1-ноябрга чейин парламентке жасалган иш тууралуу маалыматын берүүгө тийиш.

Эгерде мамлекеттик комиссиянын чечими азуусуз болуп чыкса, Кумтөрдө азыркыдай абал кала берсе, анда бул бийлик Кумтөргө карата Акаев жана Бакиевдин саясатын улантты деген кеп пайда болот. Бул бийликтегилерге келечекте упай алып келбейт.

Кыргыз парламентиндеги Кумтөргө байланыштуу кызуу талаш-тартыштар “Центерра Голддун” акцияларынын баасынын кескин арзандашына алып келди.

Өкмөт аман калды

Жогорку Кеңештин жайкы эс алууга кетер алдында өкмөттү кетирүү боюнча “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын аракети ишке ашпай калды. Маселени парламенттин күн тартибине алып чыгууга жетиштүү кол топтолду. Ал төрагага тапшырылды. Бирок маселе каралбай калды. Анын натыйжасында өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун бир буту үзөңгүдөн чыгарылгандай абалда калды.

Маселенин “абада асылган” бойдон калышына КСДП фракциясы кызыкдар болду. Президент жана анын фракциясы азырынча “оюнга” кошулбай турууну чечти.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков аны мындайча негиздеди:

- Кыргызстанда туруктуулук керек. Өзгөчө туристтик эки айлык сезонду жакшы өткөрүп алышыбыз керек. Мен биринчи кезекте мына ушундай көз караш менен караганда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин кароо туура эмес деп эсептейм. Экинчиден, албетте өкмөткө кине койо турган олуттуу себептер бар. Биринчиден, экономикалык абал оор болуп турат. Экинчиден, сот реформасын колдоонун чабалдыгы.

Президент жана анын фракциясы тарабынан колдоо болбогондуктан, эки ортодо “ойногон” депутаттардын саны да көбөйүп кетти. Муну “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев мындайча мүнөздөдү:

- Демилге көтөрүп, кол койгон депутаттардын арасынан көпчүлүгү өздөрү кол коюп алып, анан кийин өкмөт, министрлер менен сүйлөшүп алып, өздөрүнүн жеке, үй-бүлөсүнө байланышкан жумуштарын бүтүрүп, кайрадан өздөрүнүн атын сызып салган депутаттар бар. Соодалашуунун негизинде көптөгөн депутаттар өкмөт менен коюн-колтук алышып калды. Бул маселе бүгүн каралабы, эртең каралабы, кайсы күндө болгондо да өкмөттүн кызматтан кетиши бышып жетилди. Жакынкы арада ал маселе чечилиш керек.

Ошентип башкаруучу коалиция ичинен чыккан чабуулга өкмөт туруштук бергендей болду. Бул ирет да Өмүрбек Бабанов бул жагынан президент Атамбаевге милдеткер болуп калды.

Бирок жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоого өз партиялары менен жарышка чыгып жаткан президент менен өкмөт башчы бири-бирин атаандаш көрүп, соңунда жолдору эки айры кетиши мүмкүн. Ага жол бербеш үчүн Өмүрбек Бабанов тизгинин бир аз тартыш керек. Ансыз да Бабанов жана анын “Республикасы” баарын ээлеп алды деген нааразылык КСДПнын катарында абдан күчтүү. Ошондуктан депутаттардын колун топтоп, Бабановдун тагдырын илинчекке илип коюу көп күчтөргө ыңгайлуу.

Өкмөттү парламент эле эмес, Максим Бакиевдин мурунку өнөктөштөрү да сотко берип, айласын кетирүүдө.

Азыркы кезде өкмөт эл аралык соттордо Азия универсал банктын кожоюну Михаил Надель жана “Манас" банкынын” ээси Валерий Белокондун доо арыздарын майтарууга камданууда.

Өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамыровдун айтымында, Наделдин доосуна каршы туруу үчүн өкмөт "Winston & Strawn LLP" аттуу эл аралык юридикалык компанияны тандап алды. Бул компанияга кызматы үчүн 1 млн. доллар төлөнөөрү айтылууда. Ал эми Валерий Белоконь менен соттошууда Кыргызстандын кызыкчылыгын "Lorenz" аттуу юридикалык компания коргомокчу.

Бул соттошуулардан кайсы тараптын утуп чыгаары азырынча белгисиз. Бирок мөөрөйгө коюлган байге ондогон миллион доллар болору талашсыз.

Парламент өкмөттүн шаштысын кетирди

Президент парламенттин сунушун четке кагып койсо да Жогорку Кеңеш 3 ай ичинде маселени кайрадан көтөрүүгө укугу бар.

Жогорку Кеңеш депутаттары өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышты.

Парламенттин акыркы жыйынын соңку сааттарында өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин колдогон 45 депутаттын расмий катын “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев парламент төрагасына тапшырып, күн тартибине киргизүүнү суранды:

- Баш мыйзамдын 85-беренесине, регламенттин 135-беренесине ылайык кыргыз өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине киргизүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Буга 4 фракциядан 45 депутат кол койду. Муну төрагага расмий түрдө тапшырам.

Бирок бул маселе 29-июндагы жыйындын күн тартибине киргизилген жок. Анткен менен Иманалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, эми парламент төрагасы бул маселе боюнча кезексиз жыйын чакырат же күзүндө парламент өз ишин баштаганда маселе алгачкылардан болуп каралат.

Өкмөттү кетирүүнү каалаган 4 фракциянын депутаттары кайсы фракциянын өкүлдөрү кошулбай койгону айтылган жок. Бирок буга чейин “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Ата Журт” жана КСДПдан айрым депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө даяр экенин аталган фракциялардын төрагалары билдиришкен эле. Мындан улам эксперттер өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун партиялаштары болгон “республикачылар” мындай демилгени колдогон жок деп болжоп жатышат.

Өкмөт ишенимди актаган жокпу?

Депутаттардын өкмөттү кетирүү максатында кол топтой баштаганы өткөн жумада белгилүү болгон. Мындай демилгенин башында “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” фракцияларынын айрым депутаттары турганы айтылган.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү биринчилерден болуп кол койгонун айтып, бул кадамын мындайча негиздеп берди:

- Экономикалык өсүштүн темпи төмөндөп кетти. Экинчиден, коррупцияга каршы күрөштө өкмөт өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат. Тескерисинче тоскоол болгондой түрү бар. Мисалы, президент Атамбаев мындан төрт ай мурун мыйзам долбоорлорун киргизсе, өкмөт ал мыйзамдарды катып жатканы ачыкка чыкты. Коррупцияга каршы күрөштө, инвестициялык климатты жакшыртууда адилеттүү сот системасы эң негизги факторлордун бири. Соттук реформада өкмөт четтеп, байкоочу катары туруп алды. Мамлекеттик мүлктү, бюджетти мыйзам бузуулар менен башкарып, кээде шалаакылыгын көрсөтүп жатат. Мисал катары "Мегакомду" келтирсек болот.

Баш мыйзамга ылайык, 41 депутаттын колу топтолсо, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси парламенттин күн тартибине коюлат. Ал эми чечим болсо 61 депутаттын добушу менен кабыл алынышы керек. Өкмөттү кетирүү демилгесин көтөргөндөр бул ирет 45 депутаттын колун чогулта алышты.

Бирок буга чейин мындай позициядагы депутаттардын саны мындан көп экени айтылган. Маселен, эки күн мурда депутат Ширин Айтматова өкмөттү кетирүү үчүн 55тен ашык депутат кол койгонун билдирген эле. Маселени парламентке алып чыгарда депутаттардын санынын азайышын өкмөттүн мындай демилгеге каршы аракет көрүп, ар кандай соодалашуу жүргүзгөнү менен түшүндүрүлүүдө.

Андай аракеттердин ачык эле жүрүп жатканын “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев айтып чыкты:

- Демилге көтөрүп, кол койгон депутаттардын арасынан көпчүлүгү өздөрү кол коюшуп, анан өкмөткө барып, министрлер менен сүйлөшүп, өз жумуштарын бүтүрүп, тизмеден фамилиясын чийдирип жатышат. Ушундай соодалашуунун негизинде көптөгөн депутаттар койгон колдорун чакырып алып, өкмөт менен коюн-колтук алышып калды. Ошентсе да бүгүнбү, же эртеңби бул маселени кабыргасынан коюп, өкмөттү кетирүү үчүн аракет көрөбүз.

Өкмөттүн мүчөлөрү болсо, парламенттеги аракеттерге өз жообун кайрый элек.

Анткен менен бүгүнкүдөй кырдаалда өкмөттү кетирүү демилгесинин көтөрүлүшүн орунсуз аракет катары баалагандар да чыгууда. Алар Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө аз гана убакыт берилгенин айтып, өлкөдөгү туруктуулук сактоо керек деген жүйөнү карманышууда.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков:

- Кыргызстанга азыр туруктуулук керек. Айрыкча туризм үчүн эки ай сезон калды. Муну жакшылап өткөрүп алышыбыз керек. Бул жагынан алганда өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин көтөрүлүшү туура эмес деп ойлойм. Албетте өкмөткө кине тагууга бир топ орчундуу негиздер бар. Ошентсе да азыркыдай кыйын кырдаалда күзгө чейин болсо да иштешине убакыт беришибиз керек.

Көшөгөнүн артындагы оюнчулар

Адистер азыркы өкмөттү кетирүү аракеттеринин артында бир нече себеп жатканын айтышууда. Биринчиси, өлкөдөгү экономикалык абал оорлошуп, казынада каражат тартышыгы байкалууда. Мындай абалда өкмөттү садага чабуу менен элди алагды кылып туруш керек.

Ошондой эле парламенттеги демилгечи күчтөр күздөгү саясий жараяндар алдында өкмөт башчысына сес көрсөтүп, анын тизгинин тартуу аракети айтылууда. Дал ушул себеп азыркы кырдаалды түшүндүрүүдө ынанымдуу экенин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев белгилейт:

- Өкмөт менен биргелешип иштейли деп аны менен коалицияга кирген депутаттардын кайра аны кетирүүгө аракет көргөнүнүн себептери бар. Мына күзүндө Бишкек шаардык кеңештин шайлоосу болуп, мэр шайланат. Ошто мэр шайланат. Булар абдан эле чоң фигуралар. Айрым партиялар ушул шайлоолорго активдүүлүгүн көрсөтүп, мурдагы белгилүү партияларды чаңында калтырууда. Ошол себептен бул жерде саясий соодалашып, таскагы катуу партиялардын таасирин азайтайын, сес көрсөтөйүн деген максаттар жатат. Эми азыркы премьер-министр кайсы партиянын жетекчиси жана кандай ийгиликтерге жетишип жатканы белгилүү эле да.

Ал эми саясат таануучу Бакыт Бакетаев болсо өкмөт курамын өзгөртүүнү каалаган депутаттардын кадамын парламенттик системадагы мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Анын баамында, депутаттардын көпчүлүгү мындай демилгени колдогон күндө деле анын ишке ашышы узакка созулат:

- Жогорку Кеңеш депутаттары күн сайын өкмөттү “кет” деп камчылап туруш керек. Бул - депутаттардын иштеп жатканынын белгиси. Эгер депутаттар өкмөттүн айтканынан чыкпай калса, мына ошондо парламентти да, өкмөттү да кетириш керек болот. Болбосо азыр өкмөт кайнап жатат. Ар дайым дал ушундай болуп кайнап туруш керек.

Эми түзүлгөн кырдаал депутаттар көздөгөндөй өнүгүп, парламенттегилердин жарымынан ашыгы өкмөткө ишеним көрсөтпөсө, Баш мыйзам боюнча акыркы чечимди президент кабыл алышы керек. Анда президент парламенттин бул демилгесин колдоого да, четке кагууга да укугу бар.

Бирок азыркы кырдаалды эске алып, президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирбейт деген пикирлер басымдуудай. Себеби буга чейин президент бир нече ирет мамлекетке туруктуулук жана өкмөткө иштөөгө убакыт керек экенин айтып келген. Бирок Атамбаев парламенттин сунушун четке кагып койсо да Жогорку Кеңеш 3 ай ичинде маселени кайрадан көтөрүүгө укугу бар. Анда президенттин өкмөттү таратуудан башка аргасы жок калат. Бирок өкмөттөгүлөр мындай кырдаалды алдын алып, буга жол бербеши толук мүмкүн.

Акыл жаштан: Ойлоп табуучу Тимурлан

Ноокаттын 19 жаштагы тургуну Тимурлан Абдужалил уулу зилзаланы жана жер көчкүнү беш мүнөт мурда сезе турган аппараттын теориясын ойлоп тапты. Аны ишке ашыруу үчүн жаш илимпозго каражат керек.

Буга чейин дүйнөдө мындай аппарат болбогондуктан табият кырсыктары боюнча адистер Тимурландын ойлоп тапканынан майнап чыгарына ишенбей турушат.

Беш балл болобу, төрт балл болобу, жер силкинер алдында бир толкун пайда болот. Аны жан-жаныбарлар гана сезет. "Мен теориясын ойлоп тапкан аппарат ошол толкунду сезет жана ал жөнүндө кабарлап, сигнал берет", - дейт Тимурлан.

Ойлоп табуучу жер силкинүүнү алдын ала сезе турган аппаратты жаратам деп, үч жылдан бери түйшүк тартып келет. Өзүнүн айтымында, 2009-жылы "ХХI кылымдын интеллектуалдары" аттуу кароо-сынакка катышам деп белсенип, аппараттын теориясын ойлоп тапкан.

Орусия жана Казакстандан келген жаш ойлоп табуучулардын катышуусунда Кыргызстанда өткөн сынакта Тимурландын теориясы калыстар тобуна жагып, биринчи орунду ээлеген. Андан соң ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кызыгып, аппараттын башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө да сурашкан. Табиятынан уяң Тимурлан адистердин айрым суроолоруна жооп бере албай калган экен:

- Ойлоп тапканымда чын эле көп кемчиликтери болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келишип, "аппараттын ысык-суукка чыдамдуулугу кандай, кепилдиги канча, муну жаратуу үчүн канча каражат кетет?", - деп сурашканда жооп бере албай калгам. Анда айылда жашачу элем да. Бир жыл болду, шаарга келип, интернеттен маалыматтарды алып, анын жаңы теориясын түзүп жатам.

Тимурлан Абдужалил уулу ойлоп тапкан теория бир гана жер силкинүүнү эмес, жер көчкүнү да алдын ала сезет.

Бул аппаратты жер көчкү болушу ыктымал деген жердин өйдө тарабына коюш керек. Ал жердеги өзгөрүүнү алдын ала жазып турат. Башкача айтканда, анын мониторунда жер жылып жатканы жөнүндө сандар көрүнүп турат. Жердин жылышы тездей баштаса сигнал берип, чырактары күйөт.

Быйыл Ош технологиялык университетинин 1-курсун аяктаган Тимурлан үчүн ойлоп тапканын ишке салуу үчүн каражат керек. Колдоо издеп ал Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетине кайрылган. Комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев жаш илимпозду колдоо максатында 60 миң сом жардам көрсөтүлөрүн айтты:

- Бул жигитке 60 миң сом акчалай жардам берели деп чечтик. Андан сырткары англис тилин билген адистерди да кошуп беребиз. Себеби интернеттеги маалыматтардын көбү англис тилинде экен. Ошондой эле компьютерди мыкты билген жигиттерди Тимурланга жардам берүүсүнө шарт түзүп, атайын илимий борбордо иштешине көмөк көрсөтөлү деп турабыз.

Нурадагы зилзаланын курмандыктары, 7-октябрь, 2008-жыл
Нурадагы зилзаланын курмандыктары, 7-октябрь, 2008-жыл
Дүйнөлүк тажрыйбада Тимурландыкындай аппаратты ойлоп табуу менен көп илимпоздор алектенген. Бирок азырга чейин майнап чыга элек. Ошондуктанбы, табият кырсыктары менен иштеген адистер Тимурландын теориясына анча ишенбей карап жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалдарды көзөмөлдөө борборунун башчысы Мухаммед Сваровдун айтымында, Тимурландын ойлоп тапканы үйрөнчүк гана деңгээлде:

- Биринчи курста окуп жаткан бул жигиттин ойлоп тапканы албетте жакшы жаңылык. Бирок толук натыйжа береби? Кеп ушунда. Анткени жер силкинүүнүн түрлөрү көп. Жер титирөөгө сезимтал жабдыктарды дүйнөдөгү канчалаган улуу илимпоздор деле ойлоп таба алышкан эмес. Ким билсин, эгер бул жигиттин теориясы максатына жетсе, анда адистер үчүн да чоң ийгилик болот.

Деген менен Тимурлан ойлоп тапкан жабдыгы адамдардын керегине жарайт деп бекем ишенет. “Буйруса, ушул аппарат аркылуу Кыргызстандын атагын алыска чыгарам”, - дейт жаш ойлоп табуучу.

Каржы пирамидасынын көп тепкичтүү кылтагы

Учурда каржы пирамидасы менен алектенген шылуундардын саны күн санап өсүүдө. Алардын арасында чет өлкөдөн куулуп, кыргыз жергесинде өз иштерин улантып жаткандар да бар. Шылуундардын тез байып кетүү тууралуу айткан жомокторуна алданган мекендештерибиз да жок эмес. Ошондон улам алардын жайган кылтактарынын белгилерин чечмелеп көрөбүз.

Биринчиден: Өздөрүнө көңүл бурдурган жарыя баракчаларын таратышат. Башкача айтканда каржы пирамидасы менен алектенген компаниялар ТВ же радио жарнаманы колдонушпайт. Аталган жарыя баракчаларынан “Заманга жараша кадам таштап, өзгөрүүнү кааласаң бизге чал!”, “Бизнес борборунда жумуш берилет. Атайын окутуу бекер жана жогорку маяна төлөнөт”, “Өз жашооңду өзүң тейлегиң келеби? Анда буйдалбастан телефон чал!” өңдүү чакырууларды окууга болот. Жарыя баракчаларында эч качан компаниянын аталышы, стационардык номери, дареги, лицензиясы жазылбайт. Жөн гана чөнтөк телефонунун номуру жазылат. Албетте мындай жарыя күмөн туудурат.

Экинчиден: Телефон аркылуу байланышканда “сен врач, журналист же юрист эмессиңби?” деп сурашат. Андай учурларда жумушка алуудан баш тартышат. Эгерде саналып өткөн кесиптин ээси болбосоңуз сизди кандайдыр бир даректи айтып, сүйлөшүүгө чакырышат. Жаныңызга паспортуңузду гана алуу жетиштүү экендигин эскертишет.

Үчүнчүдөн: Аталган дарек менен барып, компаниянын кеңсесин издөө да бир топ убакытты алат. Анткени алар көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнөн орун алышкан. Жер төлөгө кирсеңиз, узун кезекте турган ар кандай жаш курактагы жана ар түрдүү кесиптин адистери менен жолуга аласыз. Алардын арасында мектеп окуучулары да бар.

Төртүнчүдөн: Сиз телефон аркылуу сүйлөшкөн жетекчиңиз же алардын тили менен айтканда “устатыңыз” менен жолугушасыз. Ал сизге өтө эле сылык сүйлөп, сиз жөнүндө бардык маалыматты алууга аракет кылат. Буга кошумча сүйлөшүү учурунда компания тууралуу жана жомоктогудай жашоону чагылдырган ар түрдүү видеотасмаларды, сүрөттөрдү көрсөтөт. Ал гана эмес компанияда иштеп байыган деп айрым атактуу адамдарды да атайт. Мунун баарын көргөн адам ишенгенге аргасыз болот.

Бешинчиден: Сизге компания менен келишим түзүүнү сунуштап, акча табуунун жолун айтып беришет. Алардын эрежелери боюнча сиз белгилүү бир суммадагы каражатты алардын банк эсебине которушуңуз зарыл же болбосо алар сунуштаган товарды сатып аласыз. Мындан сырткары жарнама аркылуу жумуш издеген 5 же 3 адамды топтошуңуз керек. Ошентип сиз түзгөн топ сатып алган товардын же берген каражаттын көлөмүнө жараша 10-25% акча сиздин эсебиңизге түшөт. Келишим түзүүдө сиздин паспортуңуздун көчүрмөсү жана 100 доллардан кем эмес акча гана керектелет. Бирок мунун баары чыныгы турмушта иш жүзүнө ашпайт. Себеби адамдарды топтоо бир нече айга созулуп, компанияга берген акчаңыз күйүп кетиши мүмкүн.

Алтынчыдан: Келишим түзүлгөн соң бир нече сааттык лекцияларга катышууңуз керек. Лекцияларда "биз мыктыбыз, күчтүүбүз жана колубуздан баары келет “ өңдүү дем берүүчү сөздөр сөзсүз кайталанып турат. Эң маанилүүсү - адамды психологиялык жактан башкарууга үйрөтүшөт.

Өзүңүздөр күбө болгондой, бардык адамдардын жаш курагына, алган билим деңгээлине, эмгек стажына карабай, жогорку маяналуу жумуш орундарын сунуштоодон да баш тартпаган амалкөйлөр көп. Алардын сунушуна арбалгандар акыркы тапкан байлыгынан айрылып, бармактарынын кесе тиштеп отурушат. Айрымдары короткон акчамды иштеп табам деген үмүт менен “устаттарынын” жолун жолдоп жүрүшөт.

Оңой акча, арам оокат болбосу баарына маалым. Бирок эмнегедир аз маяна алуудан качып, оңой жана көп акча табууну көздөйбүз. Антсек жашоообузга эмне болот? Ким билим берет? Ким жер айдайт? Ким бизди даарылайт? Тамак- ашты кимден сатып алабыз? Өндүрүштө ким иштейт?

Айпери Сейитбекова, Бишкек

Карачайлар Бакчалуудан баар табышты

Ала-Тоого алыс Кавказдан карачайлар келгенине 2013-жылы 70 жыл толот. Алар кантип бул жерде болуп калышты жана кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Чүй өрөөнү ар улуттун өкүлдөрү жыш отурукташкан аймак катары таанымал. Садовое - Чүйдөгү ошондой айылдардын бири. Бул чоң айылда кыргыз, орус, чечен сыяктуу улуттар менен кошо карачайлар да камыр-жумур жашашат.

Садовое айылыны кыргыздар кээде Бакчалуу деп коюшат, ал Сокулук районунун карамагына кирет, райондун борбору Ак-Суу айылы менен чектешип турат. Бишкек-Кара-Балта магистралдык жолу Садовое аркылуу өтөт.

Кыргызстан коюнун кенен ачты

Айылдагы тыкан, мартабалуу үйлөрдүн биринде 75 жаштагы Люаза Тамбиева турат. Мен жергиликтүү карачайлар тууралуу радиобаян даярдап жатканымды айтканда ал сүйүнүп, жылуу кабыл алып, үйүнө киргизди.

Люаза Тамбиева неберелери менен
Люаза Тамбиева неберелери менен
Люаза апа эки эжеси, иниси жана энеси менен Кавказдан Кыргызстанга келгенде алты жашта болчу. 1943-жылы ноябрь айында Совет бийлиги карачай элин күч менен Орто Азия мамлекеттерине көчүрүп салган. Ала-Тоо жери Люаза апаны жана үй-бүлөсүн кыштын жакындап келаткан суугу менен тосуп алган. Совет бийлиги аны Мекени - Карачай-Черкесстандан ажыратып салганын көз жашсыз эстей албайт.

- Эртең менен эрте солдаттар келип, "силерди көчүрөт" деп айтты. Мен анда алты жашта элем. Ойноп жүрчүмүн. Атам болсо музыкант болчу. Иштери боюнча Пензага кеткен. Солдат бизге жардам берип, апама "азык-түлүктү көбүрөөк ал, алыска кетесиңер" деп айткан эле.

Кыргызстанга келгенде, бул жердин жаратылышы анын кичи Мекени менен окшош болгонуна таң калган.

1957-жылы СССРдин баш катчылыгына Никита Хрущев келип, Кавказга кайтууга уруксат берилгенде, үй-бүлөсү он төрт жыл ичинде эмгек менен топтолгон чарбасын таштабай, бул жерде калган.

Салттар бекем сакталат

Карачай элинин маданияты терең жана бай, муну менен өздөрү да сыймыктанышат. Люаза апа кылымдардан бери сакталып келе жаткан нукура улуттук салттар тууралуу айтып отурду:

- Сыртта аялдын оң тарабында бир гана атасы жана күйөөсү боло алат, калган эркектердин баары сол тарабында болуш керек. Бизде аял кишини абдан баркташат. Бийлеп жатканда кызга эркектин колу тийбеш керек, анан кыз эч качан өйдө карабаш керек.

Үйлөнүү үлпөтүндө эч качан бир тууган ага-ини чогуу отуруп арак-шарап ичпейт. Бул абдан уят. Мисалы, бүгүн улуу балам бир үйлөнүү тоюна кетти, кичүүсүнө "ал жакка барбайсың, үйдө отур" деп калтырды. Мен "ар башка үстөлгө отургула, бара бергиле" десем, балам "апа, биздин салтыбызды бузба, үйдө отурсун" деди.

Люаза апанын айтканына караганда, карачайларда үй-бүлөдө ата-эне менен баланын мамилеси, келин алуудагы шарттар, улуу кишиге, кошунага мамиле да өзгөчөлөнүп турат экен:

- Балдар же кыздар ата-энелеринин же бир тууган карыялардын астында балдарын эркелете албайт. Келин же күйөө бала эркелете алат, а тигилер – жок. Ата-бабабыздан калган ушундай салтыбыз бар. Келинге алтын бермейинче ал карыялар менен сүйлөшпөйт. Үйлөнүү-үлпөттөн кийин келинди босогого шыпыргы коюлган үйгө киргизет: эгер ал аны көтөрсө жакшы келин болот дейт, көтөрбөй, аттап кетсе – анда баары аны ушактай баштайт. Бирок муну азыр баары билишет. Бизде карыяларды өзгөчө урматтайт. Маселен, жума сайын мага биздин кошуналар келип, жардам берип, тамак даярдап берет.

"Келечегибиз - Кыргызстанда"

Ушундай салттарды урматтап, сактап келе жаткан карачайлардан Кыргызстанда болгону эки миң чамалуу калды. Алардын көбү Чүй аймагындагы Орловкадан Чалдыбарга чейинки айылдарда отурукташкан. Бишкекте тургандар да бар, бирок аз.

Карачай элинин "Ата-Журт" эл аралык ассоциациясынын башчысы Зухра Шидакованын айтымында, кеткенден калган жергиликтүү карачайлар келечегин Кыргызстандан гана көрүшөт, ага жараша калктын саны кайрадан жашарып да, көбөйүп да баратат.

Карачайлардын тумары
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00
Түз линк

Карачайлардын өздөрүндө бири-бирине карата "шлагбаумдан дагы эле өтө албай жүрөбүз" деген тамаша кеби бар экен. Зухра Шидакованын чечмелегенине караганда, карачайлар Совет заманында шаарды көздөй жылгысы келип, бирок чектеген айылдарда жашоого аргасыз болушса, эркин заман келгени алар тескерисинче дегеле отурукташкан айылдардан чыккысы жок:

- Элдин арасында Бишкектеги шлагбаум деген сөз бар. Эмне үчүн? Ал тосмо мурда Кавказдан күч менен көчүрүлгөндөргө тиешелүү болгон. Көчмөндөр ошол чек арадан өтө албай, чектелген айылдарынан жылбай жашачу. Аны кийин алып салгандан кийин деле карачайлар шаарга көчкөн жок, өз айылдарында калышты. Шаарда тургандар бар, бирок аз. Көбүнчөсү мал менен алек. Шаарда көбүнчө депутаттар, агартуу жана медицина тармагында эмгектенгендер бар. Карачайлар билимди жогору баалашат, ошондуктан карачайдын баласын Бишкектеги ар бир окуу жайдан тапса болот. Карачайлар башка элдердей эле кысымга кабылбай, эркин, бейкут, ынтымакта жашап жатышат.

Бийлебеген да карачай болобу?

Кыргызстандагы карачайлардын чакан жамаатында улуттук нарк-насилдин, маданияттын сакталышына "Учкулан" ансамблинин салымы зор. Бул ансамбль өзүнүн оригиналдуу программалары аркылуу карачайлар арасында эле эмес, Кыргызстандын жамы журтуна таанылган.

Ансамблдеги карачайлардын курагы ар кыл. Эң эле жашы Ильяр Преображенский 14 жашта, Алина Текеева 17 жашта. Жаш болсо да алар өз улутунун каада-салт, маданиятын жакшы билишет. Маселен, Ильяр эрекектердин улуттук кийими тууралуу айтып берди:

- Эркектердин улуттук баш кийими – бул папаха. Мурун ал жаан менен кардан сактачу. Ал эми бул кемселди черкеска деп атайбыз. Черкесканын көкүрөгүнө эки тарабынан окчонтой болот, ага гызирлер салынат. Мурун биздин эркектер мергенчиликке барганда тиши менен патрондорду алып, мылтыкты октоп коюшчу.

Андан тышкары – курдагы бычак. Бул карачай эркектин сыймыгы – үй-бүлөсү, эли жана Мекени үчүн күрөшүүгө даяр экендигин билдирет. Дагы бизде бурка, (башкача айтканда териден жасалган жеңсиз тон) бар – ал суук менен ысыктан сактайт. Эми кийимдерден тышкары биз бийибиз менен белгилүү экендигибизди билесиз да.


Ал эми Салима Герюговадан кыздардын улуттук кийиминдеги өзгөчөлүктөр тууралуу билдик:

- Бул кийимдерди биз өзүбүз тигебиз. Сиз көрүп жаткан көйнөк – карачайдын кыздары кийген кийим. Бул жерде сөзсүз түрдө биздин улуттук оюулар көрсөтүлгөн. Көйнөк эки кат болот – ички көйнөк жана сырткы көйнөк. Сырткы көйнөктүн эки колу ушундай жеңил материал менен уланат – бул кыз бий учурунда өзүнүн колун көрсөтпөш үчүн керек. Көйнөккө кемер кур тагылат. Анан бизде жалпак жана тоголок баш кийим болот. Мындан тышкары жоолуктарды да салынышат.

Карачайлардын бийи
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00
Түз линк


Ошентип Ильяр менен Алина мага бийлеп беришти. Ырдагандан эмнегедир тартынышты, бирок уюлдук телефонундагы өздөрүнүн элдик ырын угузуп, мактанышты.

Ырды угуп карачай тилинин кыргыз тилине окшоштугуна таң калдым. "Ата-Журт" ассоциациясынын жетекчиси Зухра Шидакованын айтымында, кыргыз тили менен карачай тили 70-80 пайызга окшош.

- Бир күнү мага кыргыз аксакал келген. Ал биздин китептерди үйүнө окуганга алып кетип, анан бир сунушу менен кайтты: «Эмне үчүн сөздөрүңөрдө каткалаң белгилери бар? Тилибиз бир да, көп орунду алат. Ошол үчүн каткалаң белгисин жазбасын» деп мага сунушу менен келген. Кыргыздарда катуу к деген тамга бар. Бирок силер орустарга окшоп эле к деп жазасыңар. А биз ошол катуу к көрсөтүш үчүн андан кийин катырма белгисин кошуп койобуз – «къ» деп.

Карачайлардын Кыргызстанда отурукташканына 2013-жылы 70 жыл болот. Диаспоралардын өкүлдөрүнүн айтымында, бул күн мартабалуу белгиленет.

75 жаштагы Люаза апанын он сегиз небереси жана эки чөбөрөсү бар. Ал өзүн бактылуу жана бай адаммын деп эсептейт. Ал өзүнүн туулган жерин жылуу эскерип, эки элдин тили, жаратылышы, достук маанайларын окшоштуруп, мага карачайлардын түпкү Мекенине барууну сунуштады. Бул мага абдан жагымдуу да, ишке аша турган сунуштай сезилди. Кыргыздар менен тилдеш, дилдеш карачай жергесине барам деген ишенимде мен көп улуттуу кадимки Садовое айылынан ишке жөнөдүм.

Музыка менен жашаган жаштар

П.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектептин окуучулары Айдер Рысалиев менен Лайли Асанбекова Бишкекте концерт берди.

Боз улан Айдер Рысалиев музыканын ыргагында мемиреп, бирде демин ичине катып, көзүн жумуп, бирде ыргалып, көзүн умачтай ачып, виолончелдин кылдарын сол колунун узун манжалары менен иргеп басып, оң колундагы кыл таякчаны ойкутуп-кайкытып Себастьян Бахтын "Прелюдиясын" берилип аткарып жатты.



Айдер Рысалиев Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектепте окуган үч жыл аралыгында бир катар кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып, баш байгелерди жеңип алган.

Бүткүл орусиялык виолончелисттердин конкурсунда жана Саратов шаарындагы эл аралык фестивалда да байгелүү орунду жеңип алып, өз алдынча оркестрдин коштоосунда концерт берүүгө жетишкен.

Айдердин виолончель аспабын ойноп калуусуна атасы түздөн-түз себепкер болгон.

- Бардыгы мени төрөлө электе эле виолончелист болот деп алышыптыр. Алты жашка чыкканда атам бул аспапта ойногонду үйрөтүп, анан Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектепке алып барып, Ольга Андреевна Пичонкина деген мугалимге берип койду. Ал жерде он төрт жашка чыкканча окудум.

Айдердин талантын москвалык музыка адистери байкап калышып, окууга чакырат. Орусиянын төрт тарабынан келишкен балдардын арасынан сынактан ийгиликтүү өтүп, музыкалык мектепке кабыл алынат. Ал жакында эле жогоруда аталган музыкалык мектептин 10-классын бүтүрдү.

Айдер 11-классты аяктагандан кийин Чайковский атындагы консерваторияга тапшырып, аспирантураны бүтүп, Батышта же абройлуу бир оркестрде иштей турганын айтып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга аракет кылам деген ойдо.



Айдердин атасы Муксан Рысалиев кезинде Чайковский атындагы консерваториядан пианист-дирижер кесибин алган. Ал уулунун алгачкы жетишкен ийгиликтерин сыймыктануу менен белгиледи.

- Ага Москвадагы мугалимдер беш деген бааны берип жатат. Ал жакта көптөгөн конкурстарга, фестивалдарга катышууда. Оркестр боюнча биринчи виолончелист болуп кыргыздардын атын чыгарып жатат.

Муксан Рысалиев Бишкекте музыкалык окуу жайларда, Улуттук консерваторияда мугалим болуп иштеп жүрүп, балдарынын музыкалык карьерасы, келечеги үчүн алар менен кошо Москвага кеткен. Ал жерде да музыкалык окуу жайларда иштеп, уул-кызынын концерттерин уюштуруп, аларды таанытуу аракетин көрүүдө.

- Чынында мен балдарымдын келечеги үчүн, алардын музыкалык карьерасын көтөрөйүн деп, концерттерин даярдап аракет кылууга Москвага бардым. Ал жакта Динара деген кызым бар. Ал скрипка боюнча классикалык академияда окуйт. Экинчи кызым Алия Чайковский атындагы консерваторияда фортепианодон окуп жатат. Эл аралык конкурстардын лауреаты болду.



Айдер Рысалиев менен бирге дагы бир таланттуу кыз Лейли Асанбекова фортепианодо классикалык чыгармаларды ойноп берди. Ал да Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектепте онунчу классты аяктады. Аны абройлуу профессор Александр Мдаянц окутууда. Лейли болсо белгилүү режиссер Нурлан Асанбековдун кызы.

Лейли да москвалык музыка адистеринин купулуна толуп, чакыруу алат. Орусиянын бардык аймактарынан келген 40 бала менен сынакта атаандашып, беш деген баага татыктуу болот. Ал келечекте өнөрү менен кыргызды дүйнөгө таанытам деп алдына максат койгон.

- Айрымдар “Манас” эпосу менен кыргыздардын бар экенин таанытууга аракет кылып жатат. Ал эми мен болсо фортепианодо мыкты ойноп, кыргыздардын уул-кыздары таланттуу болоорун далилдейин деген тилегим бар.

Учурда Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектепте Кыргызстандан Лейли Асанбекова менен Айдер Рысалиев гана окушат. Алардын концертин көрүшкөн жергиликтүү музыка адистери экөөнүн шык, жөндөмүнө жогору баа беришип, ушундай таланттуу балдарды кыргыз өкмөтү, Маданият жана туризм министрлиги колдоого алса жакшы болот эле деген ойлорун ортого салышты.

Шаарды ким булгап жатат?

Аптапта борбор калааны жана ири шаарларды кантип таштандыдан арылтып, мизилдете таза кармайбыз?

"Арай көз чарай" талкуусуна Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Марат Кутанов жана Бишкек шаар кеңешинин экс-төрайымы Нуржамал Байболова катышты.

“Азаттык”: Шаарыбыздын тазалыгын сактоого сиздерде иштеген 590 короо шыпыргыч менен 200гө жетпеген атайын техникалар жетишеби?

Кутанов: Албетте жетишпейт. Шаарды тазалоо үчүн 4800 короо шыпыргыч, атайын техникалар азыркыдан жок эле дегенде үч-төрт эсе көп болушу керек. Биздин карамагыбызда 250 атайын техника бар, бирок анын ичинен 180-190у гана ишке чыгат. Анткени көпчүлүгү эскилиги жетип, ишке жараксыз болуп калды.

“Азаттык”: Борбор калааны тазалыкта кармоо үчүн бюджеттен канча акча бөлүнөт? Ошол акча жетеби?

Байболов: Мен кечээ маалымат булактарынан карасам 2010-жылга карата 2011-жылы Бишкекте таштанды чыгарууга төлөнгөн акча 10 млн. сомго көбүрөөк чогултулуптур. Бирок айтып коюу керек, таштанды чыгаруу үчүн жеке адамдар да, ишканалар да акча төлөөгө тийиш болгону менен алардын баары төлөбөйт. Таштанды чыгаруу үчүн шаарда жашаган элдин жарымынан көбү төлөбөйт, каттоосу жок жашап жүргөндөр көп. Бүгүнкү күнү шаарда жашаган элдин саны 1 миллиондон ашуун.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Таштандыларды туура эмес жерге таштаган же таптакыр эле тазалабаган жеке адамдар үчүн, ишканалар үчүн көрүлүүчү чаралар барбы?

Байболова: Бар, административдик кодекстен тартып, көп эле тескей турган мыйзамдарда таштандыны туш келди ыргытууга каршы көрүлө турган чаралар бар. Биз шаарга айылдан жаңы келгенде кокусунан бир кагаз таштап койсоң, улуу адамдар кадимкидей зекип, кайра тазалатчу. Азыр коомчулук кайдыгер болуп атпайбы. Жанында бара жаткан бирөө ыргытса, башкасы унчукпай кете берет. Ошондуктан коом, анда жашап жаткан эл, ар бирибиз буга кызыкдар болушубуз керек.

Кутанов: Шаардын баарын эле “Тазалык” ишканасы тазалабайт. Бизге да бөлүнгөн, тиешелүү жерлер бар. Жолдун жээгин 1,5 метр, анан жөө адамдар басуучу жолдорду шыпырабыз. Ошол жол жээктерине жайгашкан ишканалар көбүнчө тегерегин тазалап, анан “баары бир алып кетишет” дейби, шыпырындысын биздин территорияга таштап коюп атышат.

Мен жумушка келгениме он беш күн болду, мэрияга мындай маселе коюп атам: ошол ишкана, окуу жай, ашканалардын жетекчилерин чогултуп, сүйлөшүп туруп, тазалыкты сактоону баарынан талап кылуу керек.

"Монте-Карлодогу" чатак кантип ырбаган?

"Монте-Карло" ресторанынын сырткы көрүнүшү.

Ички иштер министрлигинин алдындагы Академиянын курсанттары катышкан мушташтын чоо-жайын “Монте-Карло” ресторанынын жетекчилиги ачыкка чыгарды.

19-июндагы чатакты адегенде ачыкка чыгарбаган "Монте-Карлонун" кызматкерлери эми окуяны сүрөттөп берип жатышат. Ысмын атоодон баш тарткан ошол күнү эң алгач жабыр тарткан официант кыз мындай дейт:

- Уруш кечки саат ондордо башталды. Мас болуп калышкан. Бир маалда бирөө олдоксон бурула бергенде колу мага бир тийип, мен кулап түшүп, жаракат алдым. Анан кечирим сурашып, отуруш уланып жатты. Дагы бир маалда бирөө мени кучактап өпкөнгө аракет кылды. Ошондон кийин администраторго айтып, үйгө кетип калдым.

Запкы жеген официант кыз кеткенден бир аздан кийин мушташ башталган. Ал окуяны "Монте-Карлонун" администратору Алексей минтип эскерет:

- Бизде эс алып отурушкан, жогорку аскер мектебинин курсанттары менен досунун уулдуу болгонун белгилеп жатышкан топтун ортосунда кайым айтышуу болуп кетти. Анан биринчи болуп милиция тараптан бирөө келди да берки топтогулардан бирөөнү четке алып чыгып, муштап жиберди. Ошентип мушташ башталып кетти. Курсанттар тарапта элүү чакты, ал эми берки топто он чакты киши бар эле. Натыйжада бир топ эс алуучуларыбыз кетип калды. Буюмдарыбыз, идиш-аяктар талкаланды.

Алексей бизге сынган эмеректерди жана идиш-аяктарды көрсөтүп берди. Бирок “Монте-Карлодогулар” келтирилген чыгымдын так өлчөмүн айтышкан жок.

Окуя болгондун эртеси “Азаттык” бул жаңжал тууралуу жазып чыккан. Бирок ал күнү эс алуучу жайдын кызматкерлери кеңири маалымат берүүдөн баш тартышкан болчу.

Бүгүн болсо “материалдык чыгымды төлөп беребиз” дешкенинен унчуккан эмеспиз, эми болсо ал күнкү окуяны танып жатышат деп, кайрадан “Азаттыкка” даттанышты.

Ал эми ИИМ Академиясынын жетекчилиги ошол убакта чатакты курсанттар уюштурганы такталбагандыгын билдирген болчу. Бүгүн Академиянын тарбия иштери жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдразак Турдубаев менен кайрадан байланыштык:

- Бул маселе министрдин деңгээлинде чечилип жатат. Мен ошол жерде катышкандардын баарын милициядан кетириш керек деп сунуштадым. Анткени бул милицияны уят кылган көрүнүш. Булар азыр эле ушинтишсе, эртең кандай болот?! Милициянын бетине көө жапкан мындай кишилерди кызматта кармоонун зарылчылыгы жок.

Бул арада жабырланган тарап чатакка аралашкан деп саналган 29 курсанттын тизмесин “Азаттыкка” көрсөтүштү. Бирок учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу ал тизме боюнча маалымат бере алышпасын ИИМ Академиясынан билдиришти.

Ал эми маселеге чекит койчу чечимди 29-июнда түштөн кийин ИИМ министри Зарылбек Рысалиев парламент трибунасынан айтты:

- Ошол күнү жоопкер болгон кишилердин баарын кызматтан четтетем. 35 курсант бар экен, алар учурда каникулда. Каникулдан келгенден кийин, биздин кызматтык иликтөө бүткөндөн кийин бүт бардыгы бошотулат.

Негизи эле бул курсанттарга байланыштуу биринчи эле окуя эмес. Өткөн жылы да бүтүрүү кечесинде аталган окуу жайдын курсанттары машиналар менен жолдорду тороп, бир топ бейбаштык кылышкан болчу.

Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол агымын бууп коюшуп, көчө ортосунда туруп алып бийлешкени, анын айынан шаарда бир нече ирет авариялык абал түзүлгөнү кабарланган.

ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясы - Кыргызстанда жогорку билимдүү милиция кызматкерлерин даярдаган бирден бир окуу жай. Ички иштер министрлиги эле эмес, анын академиясы да реформага муктаж экени көптөн бери айтылып келатат.

Быйыл болсо бул окуу жайды 250 лейтенант аяктап, кыргыз милициясынын катарына кошулат.

Бөйрөктөн шыйрак чыгарып...

Гезиттер коррупция маселесине арналган ар кыл өңүттөгү макалаларга кенен орун берди.

“Фабула” гезити өз өлкөсүн жеген деп кармалгандардын баары эле атын айтканга ооз барбай турган рак оорусу менен ооруп каларын, бул оору камалары менен Ахмат Бакиевге “жабышып”, анын аркасы менен ооруканага жатып, анан качып баса бергенин, Суталиновдун адвокаты да коргоого алган кишисин ушул оору менен ооруйт деп оозанганын, эми кечээ эле соттон жаркылдап, жайнап чыгып барып түрмөнүн машинесине түшүп кеткен Түлеевди анын врачы аты жаман рак дарты менен ооруп жатканын, чет өлкөдөн дарылабаса болбой турганын айтканын жазып атып мисалга тарткан журналист Баратбай Аракеев, ар кандай “диагноздор” жоопкерчиликтен куткара албастыгын, элдин ырыс-кешигин абийирсиздик менен жегендерди жоопко тартуу үчүн жасалып жаткан иштерди “саясий куугунтук” деп айткандын өзү бери дегенде бет тырмарлык болорун белгиледи. Президент эми мындан ары коррупцияга каршы күрөштү дагы катуулатыш керектигин коом, бүтүндөй эл каалап турганын айтты.

Ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев ушул эле “Фабула” гезити аркылуу маек куруп, анын бир гана принциби барын, ууру деген сөзсүз түрмөдө отурушу керектигин, 10-20 миң сом пара алгандар кармалса дароо “эмне үчүн чабактар кармалып, чоңдору кармалбайт?” деп сындап чыгышарын, ал эми чоң жеп-ичкен “киттери” кармалса, дароо саясатташтырып, мына, “саясий куугунтукка алып жатышат” деп чыгышарын, азыр Түлеевди болгону тергеп жатышканын, тергөө бүткөндөн кийин ишин сот чечерин, кандай жаза алары ошондо белгилүү болорун билдирди.

Мелис Турганбаев муну менен бирге эле жакында коомчулукта сенсация жарата турган дагы бир иштин бети ачыларын, ушул ишке байланышы бар эки адам Орусиядан кармалып келгенин, 10-15 күндүн аралыгында ачыкка чыгып каларын, ал иш депутаттарга барып такаларын, ошол кезде эс алууда жүргөн депутаттар чындап дүрбөлөңгө түшөрүн ошол окуядан кийин билерибизди кеп кылды.

Баяндамачы Үсөн Касыбековдун кыргыз соту тууралуу иликтөө макаласы тартууланды. Автор анысында бүгүнкү күндө коррупционерлердин татыктуу жазасын албай жатканына, көбү камакка алынып, элге дүң болуп барып эле сотко келгенде суудан кургак, сүттөн ак болуп чыгарына токтолуп, айрым убактарда базардагы такай алынчу буюмга окшоп, соттор оңой сатыларын, анан жегич чиновник баары бир сотту сатып алып кутулуп кетерин билерин, камактан чыгары менен пресс-конференция өткөрүп, аны ак жерден камаганын, анткени сот актап чыкканын айтып, элге жүзүн кайра бир көрсөтүп алып, кайра баштан ичип-жеп кирерин, коррупцияланган азыркы сот тайраңдап турганда алдым-жуттум паракорлор эч нерсе болбой турганын кеп кылды. Бирок президент А. Атамбаевдин демилгеси менен ордунан жылбай келаткан сот реформасы ишке акыры киришкенин, болгон үмүт ушунда турганын белгиледи.

“Жаңы агым” гезити да ушул теманы андан ары улап, “түлеевчилер депутатты канчалык баатыр, аппак кылышпасын, анын камалышын коом, эл эң туура көрүп жатат. Анткени 20 жыл ичинде коррупция боюнча тынбай жеп-ичип келаткан депутат же министр дегендердин бири да жоопко тартылган эмес. Андыктан мындан саясат жасап, бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун эч кандай кажети жок. Дүйнөнү башкарган Чыңгызхандын “коркосуңбу, баштаба, баштадыңбы, коркпо!” деген сөзү бар. Ошон үчүн ишти башталды дейли. Эгер бул иш дагы ара жолдо кала турган болсо элдин бийликке болгон ишеничи таптакыр түгөнөт” деп жазды.

Ушул эле гезит коррупцияга каршы бул күрөш дагы 3-4 депутатты түрмөгө алып барып тыгарын, “кара тизменин” алдыңкы сабында депутат Нурлан Сулайманов турат деген каңшаар барын, кызыгы Сулайманов кылтакка илингенден коркконбу же зарыл иши барбы, азыр Москвада жүргөнүн, “кокус кылмыш иши козголгону чын болсо мекенине кайтып келгенге күчү жетер бекен?” деп суроо койду.

“Алиби” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Кумтөр” чуусу тууралуу макаласы менен бүгүнкү санын ачты.

Журналист Канышай Мамыркулованын “19 күндө араң иш козгогон Нарын райондук прокуратурасы четте калабы?” деген макаласы жарык көрдү. Макалада Нарындын Эчки-Башы айылынын тургуну Үсөн Турсуналиев аттуу адам артында карыган энесин, 4 баласын, жубайын таштап муунуп өлгөнүн, өлөр алдында анын мындай кадамга барышына жергиликтүү милийса кызматкерлеринин акча талап кылганы себеп болгондугун катында жазып кеткенин, бирок райпрокуратура 2 ай өтсө да чара көрбөй, окуя эл арасына тарап кеткенден кийин гана иш ордунан козголо баштаганын баяндады.

“Алибинин” түштүк аймагы боюнча кабарчысы Адылжан Жажановдун макаласы “Мыкаачы жазасын алды” деген аталыш менен жарыяланды.

“Жаңы агым” гезити Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Көчмөндөр цивилизациясынан келген улуу мурас” аттуу макаласын окурмандарга тартуу кылды. Макалада “Манас” тууралуу сөз болот.

Гезитте манасчы Самат Көчөрбаевдин манас таануучулар жана Манас тууралуу маеги да бар.

Казакстандык эки жихадчы кармалды

Бул сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок.

Бишкекте радикал-экстремисттик жихадизм идеяларын жайылтып жүргөн Казакстандын эки жараны кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 28-июнда билдирип, ага муфтияттын айрым кызматкерлери да катышы бар экенин айтууда.

Диний башкармалыктын маалымат кызматы өздөрүнүн ал адамдарга тиешеси болбогонун айтып, УКМКдан аны тактоону сурады.

Анткен менен талдоочулар жихадизм идеясы мусулмандар арасында жайылып жатканын жокко чыгарышпайт.

Соодагер “жихадчылар”

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 25-июнда радикал-экстремисттик жихадизм идеяларын жайылткан Казакстандын эки жараны кармалганын УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токталиев билдирди:

- Бишкек шаарында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Казакстандын эки жараны кармалды. Алар соода иштерине жамынып алып, радикалдык-экстремисттик жихадизм идеяларын жайылтып жүрүшкөн. Мындан тышкары, кийин койгон максаттарына пайдалануу үчүн аялдарды да өз катарларына тартып келишкен. Аялдарды тандап алуу жана тартуу иштерин ар кайсы диний жайларда, анын ичинде муфтияттын айрым кызматкерлеринин көмөгү менен Бишкектин борбордук мечитинде да жасап келишкен.

Атайын кызмат кошумчалагандай, кармалган адамдардын үйүн тинткен кезде, экстремисттик маанайдагы көп сандагы диний адабияттар жана колго жасалуучу жардыргыч заттардын тетиктери табылган. Табылган диний адабияттар күч колдонууга жана диний араздашууга чакырганы белгиленет.

"Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун башчысы Кадыр Маликовдун айтымында, салафилердин бир бөлүгү күч менен бийликти оодарууга, тартип коргоо органдарына кол салууга чакырат. Маликов изилдөөлөрдө бул "жихадчылар" жана "такфир жамаат" деп айтыларын белгиледи:

- Алардын тамыры салафизмге барып такалат. Мисалы, байистүү жана радикал салафилер бар. Ал радикал салафилер ислам душмандарына куралдуу согуш же жихад жарыялашат. Буларды салафилер-жихадчылар деп аташат. Бирок салафилердин баары эле жихадчы эмес, байистүү салафилер да бар.

Талдоочулар салафизм менен вахабизм бир эле түшүнүк экендигин белгилешет. Кадыр Маликовдун айтымында, жихадизм Түндүк Кавказда, Ооганстанда, Жакынкы Чыгышта жайылган жана ушул тапта Борбор Азияда, анын ичинде Казакстан менен Кыргызстанда ага киргендердин саны өсүүдө.

Муфтият тактыкты талап кылды

Өткөн жылдары Бишкекте жана анын жака белиндеги жардырууларды, тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салууларды уюштурду делген "Жайшул Махди" уюмун да эксперттер жихадчы-салафилерге кошуп келатышат.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкуловдун билдиришинче, жихад сөзү түпкү маанисинен бурмаланууда. Ал ислам дининде мекенчилдикке жана маданияттуулукка чакырган чоң жана кичи жихаддар бар экенин айтты.

- Чоң жихад деп мусулман адамдын өзү менен иштөөсүн, кемчиликтерин жоюусун жана маданиятын жогорулатуусун айтат. Бул өтө оор иш. Ошондуктан аны чоң жихад деп койгон. Ал эми кичине жихад - эгер мамлекетке душмандар басып келсе, аргасыздан колго курал алып, өлкөнү жана мусулмандарды коргоп чыгууну айтат. Бул сөздүн эч кандай зыяны жок. Мекенчилдикке, жакшылыкка чакырган чоң түшүнүктү азыр террорчуларга байланышып калды.

Ал эми муфтияттын басма сөз кызматы билдирүү таратып, УКМКнын муфтияттын айрым кызматкерлери кармалган жихадчыларга көмөктөшкөн деген маалыматын тактоону сурады.

Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев муфтиятты үстүртөн айыптоо менен УКМК анын аброюн атайын түшүрүүдө деп эсептейт.

- УКМК так жана далилдүү фактылар менен айтса жакшы болмок. Ал адам ким экенин жана кайсы жерден андай иш-аракет кылганын айтса, аны билгенге биз өзүбүз да кызыкдар элек. Эгер ошондой иштер бар экени чын болсо, анда муфтияттын атын жамынып алып, башка адамдар деле жасашы мүмкүн. Бул билдирүүнү муфтияттын коомчулуктагы аброюн түшүрүү максатында айтылды деп да ойлоого болот. Муну да жокко чыгарбайбыз.

Мамбеталиев буга чейин да атайын кызмат Бангладешке медресеге кетип жаткан өспүрүмдөрдү жөнөтүүгө Бишкектеги борбордук мечиттин кызматкерлеринин катышы бар деп маалымат таратып, бирок ал тастыкталбаганын белгиледи.

Режалиев: Ички туризм өнүгө баштады

Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясынын жетекчиси Асылбек Режалиев "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Азыркы учур эс алуу үчүн ыңгайлуу. Эс алуучулар каяктарга барып атат, эс алуунун кайсы түрүнө басым жасашууда?

Асылбек Режалиев: Жылдагыдай эле Ысык-Көл тарапка көбүрөөк барышат деп ойлойм. Андан сырткары кышында тоо базаларына баргандар көп болду. Азыр болсо кымыз ичип келүү, кымызкана дегендер популярдуу болууда.

“Азаттык”: Салыштырмалуу азыр эл деле каякка эс алыш керек, кантип эс алыш керек экенин билип калды окшойт. Ал эми мамлекеттин ички, тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн жасаган аракеттерин кандай баалап жатасыз?

Асылбек Режалиев: Баары заматта болбойт, убакыт керек. Акырындан өнүгүп жатат. Учурда Ысык-Көлгө Казакстандан, Орусиядан көбүрөөк келишет. Ал эми алыскы чет мамлекеттерден тоо, экологиялык туризм менен алек болушат. Бирок алардын саны аз.

Ал эми ички туризм жаңы эле өнүгүп келатат. Мунун баары тең экономикалык-социалдык абалга байланыштуу деп ойлойм. Элдин жашоосунун деңгээли көтөрүлгөндө ички туризм да өнүгө баштайт. Ошондуктан жалпысынан экономикалык-социалдык абалды оңдомоюн ички туризм тууралуу айтуу кыйын.

“Азаттык”: Кыргызстанда эс алуу маданияты жок деп буга чейин деле айтылчу эмес беле. Азыр кандай?

Асылбек Режалиев: Биз өзүбүздү ким менен салыштырып жатабыз? Өзүбүзгө жараша маданиятыбыз деле жакшы деп ойлойм. Бир гана таштандыларды таштабаса деген сураныч.

“Азаттык”: Кыргызстанда жайкысын көбүнесе Ысык-Көлгө баруу менен гана чектелишет. Эс алуунун дагы кандай түрүн сунуштайсыз?

Асылбек Режалиев: Жалаң эле Ысык-Көлгө барбастан Ошко, Арсланбапка, Сары-Челекке же Нарындын жайлоосуна барса болот. Бул маалыматтын аздыгынан жана социалдык-экономикалык абалга байланыштуу. Бирок ал жакка баргандардын саны деле аздан көбөйүүдө. Алсак Арсланбап абдан эле белгилүү жер.

“Азаттык”: Кыргызстандын капчыктуу адамдары алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө барып эс алып, акчасын сыртка таштап келишет. Андан көрө ички туризмди өнүктүргөнгө салым кошсо болмок деген пикирлер былтыр да айтылды эле. Деги эле кыргызстандыктар кайсы өлкөлөргө барып эс алышат?

Асылбек Режалиев: Албетте биз адамдарды күчкө салып, бул жакта эс ал деп айта албайбыз. Каякта кааласа ошол жакта эс алат. Ал эми кыргызстандыктар көбүнчө Түркияга, Араб Эмираттарына жана азырак бөлүгү Египет менен Таиландга барышат. Андан да алыс Европа өлкөлөрүнө барып эс алышы мүмкүн.

“Азаттык”: Орто эс алууга канча каражат кетет?

Асылбек Режалиев: Ал эс алуунун түрүнө жараша. Кымбат эс алгандар көп каражат сарпташат. Мисалы, Кыргызстандын ичинде деле 20-30 миң сом кетип калышы мүмкүн. Орточо эсеп менен 10 миңден 40 миң сомго чейин.

Диний конфессиялар: араздашуу карааны

Кыргыз коомчулугундагы диний конфессиялар жана алардын ортосундагы алакалардын оош-кыйыштары кандай?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Курбанова Назира - дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын байкоочулар кеңешинин төрага орун басары, илимдин доктору, Жанар Аскар кызы - квалификациялуу юридика борборунун жетекчиси, Максат Мамбеталиев - муфтийдин өкүлү.

“Азаттык”: Кыргызстанда суний ислам менен, православ христиан салттуу дин катары калыптанып келатат. Ал эми эгемендик келгени алардын катарын көптөгөн конфессиялар толуктап, бүгүн Кыргызстанда 30дан ашык диний конфессия, болжол менен онго жакын экстремисттик маанайдагы диний уюм бар деп саналып жүрөт.

Жакында Диний изилдөөлөр борбору Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык диний уюм каттоодон өтүп, иштеп жатканын, бирок алдын алуучу чаралар көрүлбөсө, диндер ортосундагы мамиле курчуп кетиши мүмкүн экенин жарыялады. Кыргызстанда диндер ортосундагы мамиле жолго коюлганбы, ушундай кооптонууга кандай негиздер бар?

Назира Курбанова: Биринчиден, азыркы күндө Кыргызстанда көп конфессиялык абал жаралып калды. Себеби 1991-жылы мыйзам кабыл алынды, ошол мезгилде Аскар Акаев баш болуп академик-президент демократиялык өлкө деп либералдуу мыйзам кабыл алынып калды. Анын кемчилиги жок, ал жакшы мыйзам. Бирок либералдуу мыйзамды кабыл алыш үчүн Батыш өлкөлөрдөй болуп 100-200 жыл демократия мезгилинде жашаш керек.

Биз 70 жыл атеисттик мамлекетте жашап жүрүп, бир күндө эле либералдуу мыйзамды кабыл алгандан кийин чет өлкөдөн абдан көп диний агымдар, биз билбеген махариш, вайшие, фалунгун, биз эч качан укпаган, чет өлкөдө тыюу салынган диний агымдар келип калды. Ошонун айынан мамлекет биздин өзүбүздүн тарыхый, маданий, саясий өзгөчөлүктөрдү эске албагандан кийин азыркы күндө абдан көп конфессиялар пайда болду.

Эгерде биз ислам менен православ конфессиясын ала турган болсок, булар 100-50 жылдан бери ынтымакта жашап келишет. Бул эки чоң салттуу конфессиянын арасында түшүнбөстүктөр болгон жок. Бүгүнкү күндөгү жаңжалды жаңы агымдар, өзгөчө протестанттык багыттагылар түзүп жатат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






“Азаттык”: Динди тутууга ар бир жарандын укугу бар, бул - конституциялык укук. Албетте муну жөнгө салып, ынтымакташтырыштын зарылчылыгы бар го, бул мамлекеттин милдети болсо керек. Диндер аралык сабырдуу мамилени сакташ үчүн кандай иштер жасалып жатат? Мамлекет кайсы иштерди жасап жатат, же жасай албай жатат?

Максат Мамбеталиев: Муфтий Чубак ажы Жалиловдун бул туурасында позициясы Нариза эженикине төп келет. Чындыгында биз эгемендик алганда бир нерсени эске албай калыптырбыз. Бизде суний ислам жана христиандык православ агымы салттуу түрдө калыптанган болчу. Ал эми тарыхка келип карай турган болсок, Америкага көп улуттуу, көп динди туткандар келген, дин эркиндиги деген маселе аларга дал келген. Бирок биздин азыркы позициябызда эки гана салттуу динди калыптап, өзгөчөлөп койсок болот беле деген суроо.

Экинчи тарабынан азыркы учурда акыбалды кандай ынтымакташтырыш керек? Ислам дининин ичинде эле бир нече секта бар. Кыргызстанда эң таралганы Ахмадия Хадиания агымы, экинчиси Шия Исмаилия агымы. Бул эки сектага каршы бир гана чара көрө алат экенбиз - муфтияттын деңгээлине бул таалим тарбия, агартуу иштерин жүргүзүү, эл арасында салттуу динди таратуу.

Христиандар, православдар менен болгон маекте да алардын арасындагы салттуу эмес агымдарга каршы өз ара чараларын көрөт экен. Биз да аларга окшоп, алар бизге окшоп биз булар менен "күрөш" жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: Каалаган динди тутууга ар кимдин укугу бар. Ошентсе да ислам динин туткандар көбүнчө нааразы, башка динге өтүп кетип жатышат деп. Жанар айым, негизи диндерди калыптап, ырааттуу саясат жүргүзүш үчүн мамлекет тарабынан кандай аракеттер керек?

Жанар Аскар кызы: Биз светтик мамлекет болуп эсептелгенибизге байланыштуу мыйзамга таянып сүйлөшүбүз керек. Ушуга окшогон тегерек столдордо элге туура эмес маалымат берилгенге байланыштуу карапайым эл көп нерсени туура эмес түшүнүп алат.

Салттуу, калыптанган дин деп православ христиан дини деп туура эмес жеткирилет. Себеби протестанттын баптист, пятидесятник, лютерандары Советтер Союзу мезгилинде деле бар эле, 100 жылдан ашып, Кыргызстанда дагы жашап келе жатышат. Ошондуктан эң алгачкы биздин мыйзамыбыз Конституция болгондон кийин ошонун негизинде маалыматты туура жеткиришибиз керек.

Азыркы диний уюмдардын арасында ислам динин кармаган эл менен башка динге өтүп кеткендердин ортосунда чагылышып кеткен окуялар, жакында Нарында, Токтогулда болгон окуялардын болуп жатканы диний уюмдун жетекчилеринин билими жоктугунан болуп чыкты деп ойлойм.

Кикбоксинг: Федосеев - чемпион

28-июнда Бишкекте кыргызстандык Алексей Федосеев менен швециялык Мартин Актар дүйнө чемпиондугу үчүн күч сынашты.

28-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн жана эл аралык таймашуулар болду.

Алгач рингге жеңил салмактагы Кыргызстандын чемпиону, 18 жаштагы оштук Изат Шермахамадов менен дүйнө чемпиону, казакстандык Бахадыр Сулайманов чыгышты. Мында Изат чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтүп, атаандашын үч жолу эсин оодара сокту. Жыйынтыгында калыстар жеңишти кыргызстандык Изат Шермахамадовго ыйгарышты.

Экинчи беттешүүдө да Азия чемпиону, кыргызстандык Рафаэл Физиев дүйнө чемпиону, казакстандык Ришат Ливеншону утуп алды.

Андан кийин 71 кг. салмактагы мушкерлер Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык Сталбек Дарканбаев менен казакстандык Андрей Ильин күч сынашты. Жеңишке жетишкен Сталбек Дарканбаев мелдеш курч мүнөздө өткөнүн “Азаттыкка” айтып берди.

75 кг. салмактагы беттешүү да кызыктуу, курч мүнөздө өттү. Бул ирет Азия чемпиондору кыргызстандык Ален Офойе менен казакстандык Галымжан Канаев мөрөй талашты. Натыйжада кыргызстандык Ален Офойе жеңүүчү деп таанылды.

92 кило салмакта жеке таймаш боюнча өлкө намысын коргогон Кылычбек Саркарбаев казакстандык Бекжан Абеновду 2 мүнөткө жеткирбей көтөрүп чаап, муунтуп, таймашууну эрте аяктоосуна аргасыз кылды.

Бишкектеги кикбоксинг таймашуунун бүйүр кызыткан учуру - дүйнө чемпиондугу үчүн кармашуу болду. Мында Кыргызстандын намысын Европа чемпиону Алексей Федосеев коргосо, анын атаандашы дүйнө жана Европа чемпиону, швециялык Мартин Актар болду. Таймашуу 3 мүнөттөн 5 раундга созулду.

Алгачкы үч раундда швед Мартин Актар тез-тез чабуулга өтүп, бөйрөк тушка таамай тебүүгө аракет кылды. Алексей да татыктуу жооп берүүгө үлгүрдү.

Беш раунддук беттешүүдө бишкектик Алексей Федосеев өжөрдүгүн, көктүгүн, мыкты даярдыгын көрсөтүү менен арбын упай топтоого жетишип, швециялык Мартин Актарды утуп, дүйнө чемпиону аталды.

Алексейдин устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Войнов да алгач швед жигиттен чочуп турса, 3-раунддан кийин шакиртинин жеңээрине көзү жеткенин маалымдады.

Бул беттешүүнүн кирүү акысы 250-400 сомдон болгондуктан көпчүлүк жаштар мелдешти көрө албай, стадионду айланчыктап жүрүштү.

Таймаштын ардактуу меймандары кикбоксингдин “Барс” версиясы боюнча дүйнөлүк федерациясынын президенти, орусиялык Юрий Попов, бокс боюнча дүйнө чемпиону Андрей Курнявка, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров болуп, жаш спортчуларга ийгилик каалады.

Aкыркы жылдары Кыргызстандын кикбоксинг чеберлери дүйнөгө таанылып, тандалма командасы күчтүүлөрдүн катарында жүрөт. Өлкөдө дүйнө чемпиондугун жеңип, жаштарга үлгү болуп жүргөн ондон ашуун жигиттер бар.

Коогада мерт болгондордун саны үч башка

Июнь коогасында набыт болгон жана жабыр тарткандардын тизмеси ар кыл мамлекеттик органда ар башка чыгууда.

Бул тууралуу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү айтып чыгышты. Укук коргоочулардын жүйөсүндө, мамлекеттик органдардын тизме түзүүдөгү башаламандыктардан улам кандуу окуяларда жабыр тарткандар мамлекет берген убадага жараша жардамдарды ала албай келишет.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова өз уюмунун, Башкы прокуратуранын жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы үч ача чыгып жатканын жарыялады.

Маселен, “Кылым шамынын” тизмесинде коога кезинде 493 адам мерт болгону жазылса, Башкы прокуратураныкы боюнча 417, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмесинде 413 адам жазылган:

- Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Башкы прокуратуранын тизмесине кирбей калгандардын саны 54 адам болуп калды. Өлгөн адамдардын санын “Кылым шамы” башкача эсептейт да, мамлекеттик органдар азайтып эсептейт деген суроо чыкты. Эң кызыгы, булардын арасында мамлекеттик органдардын тизмесинде жок туруп компенсация алгандар да болуп жатат. Биз бир мамлекетте жашап, мамлекеттик органдардын маалыматтарынын эки ача чыкканына таң калып жатабыз.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова
Абдирасулованын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдардагы карама-каршылыктар жарадар болгондордун тизмесинде да байкалып, коогадан бери эки жыл өтсө да расмий органдардын тизмесине кирбеген 74 маркумдун жакындары жана 219 жабырлануучу мамлекет убада кылган акчалай жардамды ала албай жүргөн экен:

- Булардын жардам албай калган себеби - окуялар учурунда тек-жайын аныктаган документтер өрттөнүп кеткен. Алар ошонун айынан жардамдан куру калышып, ала албай жүрүшөт. Мамлекет мындайларга паспорт же туулган күбөлүгүн жасатып, камкордукка алышы керек эле. Бирок мындай иш колго алынбай, тескерисинче, тиешелүү органдар бирдиктүү аракет көрбөй жатышат.

Укук коргоочу коогалаңда жабыр тартып, бизнестеринен ажыраган ишкерлерге да өкмөттүн жеңилдетилген насыялары берилбей жатканын кошумчалады.

Анткен менен мамлекеттик органдар укук коргоочунун маалыматы тактоону талап кыларын айтышты. Маселен, башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиевдин маалыматы боюнча, набыт болгондордун саны “Кылым шамыныкынан” бир топ эле аз:

- Биздин маалымат боюнча, Ош жана Жалал-Абадда июнь окуяларында 442 адам мерт кеткен. Алардын ичинен 421инин өздүгү аныкталган. Ал эми 21 сөөк азыркыга чейин таанылбай жатат.

Ушундай тариздеги маалыматты Социалдык коргоо министрлигинен да билдиришүүдө.

"Жардам тегиз тийген жок"

Ал эми жарадар болгондорго кечеңдеп жаткан жардам боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өз жүйөсү бар. Министрликтин өкүлү Курманбек Укуловдун айтымында, укук коргоочу айтып жаткан жардам ала албай жаткандар арасында чындыгында эле башка өлкөнүн жарандыгын алгандар бар жана жардам тек-жайын аныктай турган документтери жок болгон үчүн берилбей келген. Бирок бул маселени чечүү жолдору талкууланууда:

- Биз бул маселени чечүү үчүн башка органдар менен бирдикте аракет көрөлү деп жатабыз. Экинчи чоң маселе: башка өлкөнүн жарандыгын алып, бирок коога учурунда каза болуп калган кыргызстандыктар бар экен. Аларды үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлбөй калыптыр. Муну чечүү үчүн балким бүгүнкү күнкү нормативдик укуктук акттарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү да ойлонуп жатабыз.

Ошол эле учурда окуялар маалында бизнеси тонолуп, өрттөлгөн ишкерлер арасында мамлекет убада кылган 150 миң сом жеңилдетилген насыяны ала албай келгендер арбын. Алардын бири - оштук ишкер Гүлмайрам Турдуева:

- Бизнесибиз тонолуп, күйүп кеткен. Анан 50 миң сомдук жардамды ыйлап-сыктап жүрүп эки жылда эптеп колго тийгиздик. Ал эми 150 миң сомдук жеңилдетилген насыяны күрөөгө койчу эч нерсебиз жок болгондуктан ала алган жокпуз. Эгер күрөөгө койчу үй-жайыбыз болгондо минтип жалдырабайт элек да.

Анткен менен жабыр тарткан ишкерлерге акча бөлүштүрүү милдети жүктөлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы каражат кечиктирилбей берилип жатканын билдирүүдө.

Дирекциясынын маалыматында, маселен, 2012-жылы мамлекет казынасынан жалпысынан 883 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн. Анын 15 миллион сому жабыркаган ишкерлерге берилген. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, насыяны алуу үчүн бул ишкерлер мурдатан каттоодон өтүп, мыйзамдуу ишкерлик кылышы керек эле. Каттоосуз иш алып барган 500дөн ашык ишкер бул насыядан куру калып жатканын дирекциясынын төрага орун басары Кадаңбай Бактыгулов айтып берди:

- Эгер өкмөт бул токтомду жокко чыгарса эле беребиз. Бул жерде бизден эч нерсе көз каранды эмес. Бирок өкмөт бул токтомду жокко чыгарат деген сөздөр болгону менен иш жүзүндө бул ишке аша элек.

Ал ортодо апрел-июн окуялары учурунда набыт болгондордун жакындары жана жабыр тарткандарды социалдык коргоого алып, жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоору парламентте талкууланууда. Бул мыйзамда мындай категориядагы 2700гө жакын адамга мамлекет жөлөк пул чектеп, ар кандай жеңилдиктерди берүү жагы камтылган.

Муфтийдин тегерегиндеги чатакка коомчулук аралашты

Кыргызстанда мусулмандар башкармасынын жетекчисине байланыштуу окуя саясий талкууга чыкты. Жаатташкан тараптарды депутаттар жараштырууга аракет кылды.

28-июнда муфтияттагы талаш-тартышка арнап уюштурулган тегерек үстөлгө бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана эксперттер катышты.

Анда бир даары Чубак ажы Жалиловду кызматтан алуу демилгесин көтөрсө, башкалары буга каршы чыгышты. Жыйынтыгында жолугушууда эки тарап бир пикирге келип, тил табыша алган жок.

Муфтийге доомат көп

Муфтиятка каршы болуп, бир канча митингдерди өткөрүп, мамлекеттик жетекчилерге арыз менен кайрылып келаткандардын бири - Жыпарбек ажы Тойчубеков. Анын айтымында, Чубак ажы Жалилов кызматын бекемдеп алгандан соң, берген убадаларын унутуп, жаңыланууга барбай жатат.

- 2010-жылдын аягына чейин муфтиятта реформа жасайм деген, бирок кылган жок. Жаңы устав да кабыл алалы дегенбиз. Башында жакшы башталып, төрт уставдын долбоору даяр болгон, бирок бири да кабыл алынган жок.

Тойчубековдун айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын башчысы Чубак ажы Жалилов ондогон кызматтык кемчиликтерди кетирген. Анын сөздөрүн башкалар да колдоп, ажылыкты уюштурууда, адамдарды кызматка алууда жана бошотууда, илим-билим, шарият багытында, ошондой эле эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө муфтий бир топ катачылыктарга жол бергенин белгилешти.

Дин таануучу, муфтияттын ишмердүүлүгүн сындап келаткандардын дагы бири Асан ажы Саиповдун билдиришинче, Чубак ажы Жалилов орундуу эскертүүлөргө жана кемчиликтерге кулак салбай келатат.

- Биз аны түзөтүүгө аракет кылып, айтып жатабыз. Бирок ал укпай келатат. Мына жакында эле бир катар мусулман жетекчилери өз ара сүйлөшүп, ынтымакка келүү тууралуу сүйлөштү. Бирок мыйзам талаасында муфтият тарабынан эч кандай иштер жүргөн жок.

“Мусулмандардын курултайын өткөрүүнү кечиктирүүдө, толук мыйзамдуу муфтий эмес” деген айыптар коюлуп, Чубак ажы Жалиловду алмаштыруу демилгеси да козголду. Бирок буга айрым ислам дининин өкүлдөрү каршы.

“Акыл, эс, рух, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абдылдаев азыркы муфтийди кызматына татыктуу адам деп санайт.

- Мен бүгүнкү муфтийдин ордун баса турган татыктуу адамдарды көрө албай турам. Балким мен жаңылып жаткандырмын.

Талаштын артында ким турат?

Буга чейин да маалымат каражаттары аркылуу тараптар бирин-бири айыптап, оор дооматтарды коюшкан болчу. Муфтияттын өкүлдөрү "бийлик жетекчилери Чубак ажы Жалиловду алмаштырууга аракет кылып жатат" деп айтып чыгышкан. Бирок аны бийлик өкүлдөрү куру жалаа деп атап, коомчулуктун пикирин бурмалоо аракети катары баалаган.

Ал эми тегерек үстөлгө президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин, ошондой эле муфтий Чубак ажы Жалиловдун да келери күтүлгөн. Бирок экөө тең жыйынга түрдүү себептер менен келишкен жок.

Диний башкармалыктын өкүлү Негматулла Жээнбеков муфтиятта алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын белгилеп, коюлуп жаткан сындарды орунсуз деп атады. Ал диний башкармалык учурда чет элдик уюмдардын каржылык көз карандысыздыгынан кутулганын, бул чоң олжо экендигин айтты.

- Араб мамлекети жардам берсе, ал максатын ишке ашырыш үчүн өзүнүкүн айтат экен. Ирандыктар, түрктөр болобу, өздөрүнүн кызыкчылыгы болот экен. Алардын кызыкчылыгы болгондон кийин мамлекетке да, салттуу ислам динибизге да, элибизге да тетири жактары тиет экен. Аларга көз каранды болбойлу деп, ошол тескери жактарды токтотуп жатабыз. Диний башкармалык өзүн каржылап, дин, мамлекет, эл үчүн иштеп берели деп, бир топ жакшы нерселерди жасады.

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов муфтияттын айланасындагы талаш ажылыкты уюштурууга барып такалат деген ойдо.

- Кептин баары Чубак ажыда эмес. Кептин баары ажылыкты уюштурууда акча алып көнүп калган адамдардын кулкунунда болуп жатат.

Түрдүү сунуштар айтылганы менен жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынбай, тараптар өз пикиринде калды.

Бул жыйын Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин имаратында өттү. Айрымдар диний маселенин мечитте, же мусулмандар дин башкармалыгында эмес, башка жерде чоң талкууга түшүп жатканы исламдын беделин түшүрүүдө деп санашат. Бир жагынан анчалык чоң талкуусу жок эле, сүйлөшүү жолу менен чечиле турган иштин ырбап кетиши ислам интеллигенциясынын калыптана электигине да байланыштуу дегендер бар.

Бул тегерек үстөлдү “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, парламенттеги Билим, илим, маданият, дин жана спорт комитетинин башчысы Каныбек Осмоналиев түшкөн арыздарды эске алып, калыс иретинде уюштурган.

Баткен губернатору: Өзбекстан айланма жолго каршы

Өзбекстан Баткендеги Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушуна каршы Кыргызстанга нота жолдогону айтылууда.

Өзбекстандын Cох анклавын аралап өтүүдө түмөн түйшүк тарткан баткендиктер мындан алты жыл мурда Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолун ашар ыкмасында оңдоп баштаган. Кийинчерээк жолдун курулушуна эл аралык каржы уюмдары көмөк көрсөтүп, Европа банкы 8,5 млн. евро кайтарымсыз, Дүйнөлүк банк 25 млн. АКШ долларын насыя, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 35 млн. АКШ долларынын 45 пайызын кайтарымсыз берүүнү чечкен.

Ушул тапта Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү бул жолдун курулушунун 65 пайыздайы бүтүп калды. Бүткөнү калган жол Кыргызстан аймагынын ичинен өтөт. Бирок кошуна Өзбекстан ага карабай аталган жолду курууну токтотуу талабы менен Кыргызстанга нота жөнөтүп, бул жерди али такталбаган аймак катары эсептешээрин айткан.

Облус губернатору Жеңиш Разаков мындай нотаны көрбөгөнүн, бирок өз булактары аркылуу билгенин айтат:

- Биздин өзүбүзгө кайрылуу келген жок. Бирок өзүбүздүн булактар аркылуу маалымдар болдук. Өзбекстандын өкмөтү биздин тышкы иштер министрлигине ушундай нота жөнөтүптүр. Анда биз куруп жаткан Пүлгөн-Бүргөндү жолубузду "туура эмес курулуп жатат, Өзбекстан аймагынан өтүп кетти, курулушту токтотуш керек, андан сырткары Түндүк Сох газ сактоочу жайы да Өзбекстан аймагында" деген сөздөрдү жазып беришиптир.

Өзбекстандын мындай нааразылыгын уккан жергиликтүү тургундар да буга таң калууда. Жол боюндагы Бүргөндү айылынын тургуну Алимбек Сейтмурат уулу кошуна өлкөнүн чек арасы кыйла нарыда экенин белгилейт:

- Жол биздин үйдүн жанынан өтөт. Биз жашап жаткан жер Кыргызстанга карап турат илгертен бери эле. Бул жол бүткөнү калды, эми эч ким токтотууга акысы жок. Жолдун эки тарабында тең биздин жарандар жашайт.

Аталган жол начардыгынан буга чейин бул аймактагы каттам дээрлик эстен чыгып, дыйкандар өндүргөн жер-жемиш, мөмө-чөмөсүн да өз учурунда сата албай келишкен. Кадамжайдын ушул жол боюндагы Халмион айылынын тургуну Токторбай Мадаминов жол курулуп бүтсө, дыйкандар өндүргөн продукциясын убагында, жакшы баага сатууга да жол ачылат деп кубанып турат:

- Мөмө-жемиштерибиз бышкан мезгилде коромжуга, ысырапкорчулукка учурабастан, базарларга түз чыгат элек. Мурдагыдай Өзбекстанды аралап, текшер-текшерден өтпөй, Бишкекке, андан ары чет өлкөлөргө чыгарууга эми чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү деп сүйүнүп турабыз да...

Кошуналар менен бул аймактагы чек ара мурда эле такталып, эки тараптуу макулдашуу болгон. Бирок кандайдыр бир себептер менен Өзбекстан кайра айнып, бул макулдашууну кайра чакыртып алган.

Канткен менен облус жетекчиси Жеңиш Разаков Өзбекстан миң каршы болсо да бул жолдун курулушу токтобосуна ишендирди:

- Бул жол анык Кыргызстандын аймагында турат. Бул боюнча өткөн жылдары чек араны тактоо комиссиясы тарабынан эки өлкө тең макулдашкан. Кол коюлган, чек ара сызыгы жазылып бүткөн болчу. Анан кийин эле кошуналар кандайдыр себептер менен “биз шашылыш кол коюп алыппыз” деп ошол макулдашууну кайра чакыртып алышыптыр. Бул жер толук Кыргызстандын аймагында турат. Эч кандай талаш-тартыш болушу мүмкүн эмес. Курулуш 65 пайыздай бүтүп калды. Жолду куруу токтотулбайт.

105 чакырым узундуктагы бул жолдун курулушу буюрса быйыл жыл соңунда аяктаары айтылууда.

P.S. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бирок аталган маселе боюнча Өзбекстандан нота келгенин “Азаттыкка” тастыктаган жок.

"Сары-Челек коругу корголбой калды..."

Аксы районунун тургундары мамлекеттик Сары-Челек коругу ойдогудай сакталбай жатканын айтып, токой дарактары кыйылып, жаныбарлар суюлуп баратканына кабатыр болушууда.

Аксылык Бакыт Мамыралы уулу жаратылыш начар корголгонуна нааразы болуп, корукту анын кызматкерлери менен райондун Аркыт кыштагынын тургундары өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатканын айтты:

- Сары-Челек коругу адам кейий турган абалда. Сыртынан караган адамга жакшы көрүнөт. Ичин аралап көрсөң карагайлар кыркылган. Бир да жапайы жаныбар жок. Коруктагы ар бир үйдө отуздан-кырктан малы бар. Жаңгагын, мөмө-чөмөсүн теришет. Бул мамлекеттик биосфералык корук болгондон кийин мал күткөнгө жана мөмө-чөмөсүн тергенге да мүмкүн эмес болчу. Карагайларды кыркып келип, үйлөрүн кош сынч менен жабышат. Корук деген аты эле бар. Сары-Челектин эли балыгын алып сатышат. Доңуз, аюу жана башка жан-жаныбарларды атышкан. Кийик-элик дегенди калтырышкан эмес.

Коруктун токой коргоо бөлүм башчысы Шералы Алишеровдун ырастоосунда, коруктун жапайы айбанаттарына кол салуу буга дейре болгон:

- Корукка эл жакын жашагандан кийин мыйзам бузуулар болот экен. 2011-жылы мылтык менен колго түшүп, доңуз аткандар болду. Мыйзам бузгандар сот органдары аркылуу айып пулдарын төлөштү. Өз алдынча дарак кыйгандарга да айып пул салынып, мыйзам чегинде жооп берип жатышат. Балык саткандар боюнча коруктун деректири да, мен да жаңы иштерди баштап атабыз. Корукту коргойлу жана Аркыт айылынын тургундарынын малынын санын азайталы, тартипке келтирели деп, токтом кабыл алганбыз.

Аксынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Масалбек Жээнтаев жаратылыштын азыркы абалын билүү үчүн корукту мамлекеттик текшерүүдөн өткөрүүнү сунуш этти:

- Ал жерде жашаган адамдардын малдары токой аралап, жайылып жүрөт. Сары-Челекке ылайыктуу болгон токой айбанаттары жокко эсе, аларды көрбөйсүң. Айбанаттар бар деген шылтоо менен Сары-Челекти кармап турушат. "Кайтарып атабыз, мынча аюуну өстүрүп атабыз" дегендери куру сөз. Эгер акыйкаттык кылам десе, өкмөт келип, токойду аралап, кандай айбанаттар бар экенин көзү менен көрсө, ошондо ишенет эле. Азыр аралап барсаңыз бир дагы айбанатты жолуктура албайсыз.

Коруктун илимий кызматкери Токтоналы Жунусов уруксатсыз мал жайган адамдар табият сактоого зор зыян келтиргенин билдирди:

- Коруктун сакталышы жакшы эле. Бирок Совет учурундагы абал менен салыштырып болбойт. Акыркы жылдары тартип бузулуп, жаныбарлардын саны да азайды. Ага өткөн айда жайылган малды айтса болот. Өсүмдүктөргө да зыян келтирди. Токойду сактай турган атайын егерлер бар. Ошолор иш жүргүзүп атышат, бирок алар жакшы көзөмөлдөп жатат деп айтуу кыйын.

Парламент мода тандоодо

Жогорку Кеңеште башы ачык бут кийим кийүүгө жана айымдарга тизеден өйдө көйнөк кийүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Ушул жана башка көптөгөн эрежелерди камтыган атайын жобонун долбоорун Жогорку Кеңештин Этика жана регламент комитети сунуштады. Бул жободо парламенттин имаратына кирген бардык адамдардын сырткы келбетине жана кийимине негизги талаптары жазылган. Айрым эл өкүлдөрү бул жобону колдосо, башкалары жактырбай кабыл алууда.

Мындан бир нече ай мурда Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу парламенттин имаратындагы кыска көйнөк кийген кыздар аны ишинен алагды кылып жатканын, ал гана эмес кыска көйнөкчөндү көрүп мүдүрүлүп кете жаздаганын айтып, тизеден ылдый же узун көйнөктөрдү кийүүсүн сунуштаган.

Парламенттик кабарчылардын бири.
Парламенттик кабарчылардын бири.
Ал эми жакында Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитети Жогорку Кеңештин имаратына кирген адамдардын баары расмий стилге ылайык кийинип жүрүүсүн талап кылган атайын жобонун долбоорун сунуштады.

Мындай зарылдык эмнеден чыкканын долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири, депутат Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Негизи Жогорку Кеңеште иштегендер эл аралык иш (деловой) дресс-код деген эмне экенин билбейт болуш керек. Анткени айрымдары дискотекага кийинип келгендей эле келишет. Ошондуктан биз ушундай сунушту киргизип жатабыз.

Сунушталып жаткан жобого ылайык, айымдар ачык түстөгү кийимдерден, тизеден өйдө көйнөктөрдөн, башы ачык бут кийимден, жыты мурун жара аңкыган атырлардан жана көз жоосун алган көлөмдүү зер буюмдардан баш тартышы керек. Ошондой эле парча, шифон, тордон токулган жана шуру басылган кийимдерди да кийбеши шарт.

Бул эрежелердин айрымдары азыркы шартка туура келбей калышы мүмкүн дейт депутат Ширин Айтматова:

Депутат Ширин Айтматова
Депутат Ширин Айтматова
- Албетте атайын дресс-код болуш керек. Бирок жайында костюмчан отуруу бир аз кыйын эле болуп калса керек. Анан бул шарттар журналисттерге багытталбаш керек. Негизи өлкөдө чоң көйгөйлүү маселелер көп болуп жатканда мындай маселелерди талкуулаш бир аз туура эмес деп эсептейм.

Дагы бир депутат айым Ыргал Кадыралиева бул майда болсо да маанилүү сунуш деп эсептейт:

- Акыркы кезде чектен чыгып кийине баштагандар болуп атат. Мына ушундай кийингендерге биз тыюу салышыбыз керек. Жогорку Кеңеш бул өлкөнүн күзгүсү, имаратка кирген адам дароо ошону сезиши керек. Бул абдан туура жана өз убактысында каралган сунуш деп эсептейм.

Ал эми Жогорку Кеңештеги мырзалар болсо ар дайым классикалык стилдеги костюм-шым кийип жүрүшү абзел. Ошондой эле галстуктары жана көйнөктөрү костюмдун түсүнө шайкеш келип туруш керек. Кыска шымдарды, жинсы жана трикотаждан токулган кийимдерди кийүүгө тыюу салынат.

Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова да башка маанилүү маселелер чечилбей турганда мындай эрежени талкуулоонун кажети жок эле деген пикирде:

- Классикалык кийимдин дагы ар турдүүсү болот. Тизеден өйдөсү да бар. Эми акылы бар адамдар өзүлөрү деле ылайыктуу кийинип жүрүшөт да. Бүгүнкү күндө чечиле элек сот системасы күтүп жатат, ИИМ реформасы жылбай атат, социалдык, билим берүү, пенсиондук... Иши кылса канчалаган маселелер бар. Депутаттар болсо болбогон майда-чүйдөлөргө көңүл бурушат. Бул нерсени жөн эле эреже катары киргизип коюшса болмок, шоу кылбай эле.

Жобону даярдагандардын айтымында, эрежелер бузулса кандай чара көрүлөөрү азырынча каралаган эмес. Эгерде бул жобо парламент тарабынан колдоого алынса, сентябрь айынан иштеп баштайт.

Бишкек: эстеликтер парады

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:15 0:00
Түз линк

Чын эле өлкөгө, элге эмгеги сиңген ишмерлерге эстелик коюлуп жатабы?

Бул жолку чыгарылышта мына ушул суроо талкууга коюлуп, ага Кыргызстандын эмгек сиңирген сүрөтчүсү, бедизчи Саадабек Ажиев менен маданий ишмер Жаныш Кулмамбетов катышты.

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:57 0:00
Түз линк


Бишкек эстеликтердин шаарыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:45 0:00
Түз линк

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:45 0:00
Түз линк

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:57 0:00
Түз линк

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?

Бишкек эстеликтердин шаарыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:15 0:00
Түз линк

Депутат менен агенттик элдешкен жок

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина журналистке койгон 5 миллион сом доосунан баш тарткан жок.

Депутат айым 24.kg кабар агенттиги аны жөн жерден жаман атты кылган деп, моралдык чыгымын 5 миллион сомго баалаган. Аталган агенттик депутат Карамушкина адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына катышкан деп жазган болчу.

Ирина Карамушкина бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында 5 млн. сомду талап кылуу менен журналисттерди жоопкерчиликке чакырып жатканын белгиледи. Бирок депутат соттун өз маалында жана адилет өтүшүнө журналисттер жамааты кысым жасоодо деп эсептейт.

"Ошондуктан сот ар кандай шылтоолорду издеп жатат" деп кошумчалады Карамушкина:

- Соттун чечими биздин эмес, жооп берүүчүлөрдүн күнөөсү менен чыкпай келатат. Бул жерде журналисттер менен жооп берүүчү топ сотту менин айдоочумдун сотунун чечими чыкканга чейин узартуу оюнун ойноп жатканын мурдатан сезгем.

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина
Депутат айымдын соттогу адвокаты Асел Океева соттук териштирүүлөргө 24.kg агенттигинин кабарчысы Махинур Ниязова тараптан улам бири келбей, создугуп жатканын айтып, "мыйзамга ылайык, 24.kg таратылган маалыматты төгүндөгөн материал жарыяласа эле элдешмек, бирок агенттик аны жасаган эмес", - деп билдирди:

- "Биз жазган маалымат жалган" деп кайра сайтыңарга чыгарып, маалыматты төгүндөгүлө, жарандарга туура маалыматты тараткыла десек, булар болбой коюшту. Экинчи жолу кайрылганда алар бизге "доо арыздан баш тарткыла, биз сайттын бир бетине каалаган маалыматыңарды бекер жарыялап беребиз" дешти.

Ал эми журналист Махинур Ниязова сотко дайыма келип жатканын айтты. 24.kg агенттигинин юристи Артем Иванов башка юристи бир гана жолу сот жыйынына келбей калганын, төгүндөө маалыматын чыгарганга доогер тарап макул болбой, компенсация талап кылып жатканын кошумчалады:

- Биз анан сотко "Карамушкина сот жараянына өзү келсин" деп өтүнүч кат бердик. Сот да ошондой чечим чыгарды. Ал биздин сот жыйынына келбесе, азыр анын айдоочусунун соту болуп жатат. Ошол кылмыш иши боюнча жыйынтыкты күтө туралы дедик.

24.kg маалымат агенттигинин кабарчысы Махинур Ниязова февралда депутат Ирина Карамушкинанын айдоочусу машинасы менен бир адамды өлтүрө коюп кеткенде депутат ичинде өзү бар болчу деген маалымат тараткан. Аны жалган деп эсептеген депутат Жарандык кодекстин “ишмердик беделге шек келтирген жалган маалыматты төгүнгө чыгарууну талап кылуу” беренесине ылайык кабарчыны сотко берген болчу. Моралдык чыгымды депутат 5 млн. сомго баалаган. Бул Кыргызстанда журналисттерге каршы коюлган ири суммадагы доо болуп саналат.

Марат Токоев
Марат Токоев
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бул жылы чиновниктер менен журналисттер ортосундагы соттор саны боюнча рекорддук деңгээлге жеткенин белгиледи. Учурда депутат Өмүрбек Текебаев 3 гезит менен соттошуп жатса, депутат Садыр Жапаров бир гезитти сотко берди. Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Бубель "Деньги и власть" басылмасына 1 миллион доллар доо койду.

Марат Токоев журналисттерге каршы доонун көбөйүшүн эки себеп менен байланыштырат.

- Бийлик кичине турукташып, стабилдүүлүккө жеттик дегендей абалга келгенде кадыр-баркына, сындарга көп көңүл бура башташат. Экинчиден, биздин журналистиканын да телегейи тегиз деп айтууга болбойт. Журналисттер көп эле ката кетирет. Айрыкча ушак-айыңдын негизинде жана кадыр-баркка шек келтирип сүйлөгөндөрү көбүрөөк.

Кыргызстанда мурдагы эки бийлик тушунда жалган жалаа жапканы үчүн кылмыш жообуна тартуу мыйзамы болгон. Ал тушта журналисттердин алды абакка жатып чыгып, айрымдарына кол салынган. 2010-жылдан кийин кылмыш жоопкерчилиги алынды. Бирок абийирге, ар-намыска жана ишкердик беделге доо кетиргендиги үчүн чектелбеген суммадагы акчалай компенсация төлөтүү жагы каралган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG