Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:40

Кыргызстан

Айтматовдун акыркы романы уйгур тилинде басылып чыкты

Чыңгыз Айтматовдун уйгур тилинде чыккан «Тоолор кулаганда» романынын мукабасы. (Сүрөттү толук көрүү үчүн аны басыңыз)
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романы Бээжин шаарындагы «Улуттар басмасы» тарабынан уйгур тилинде жарык көрдү. Аталган китеп буга чейин кытай тилине которулуп, аны 2008-жылы «Шаңхай котормо басмасы» 5000 нускада кытай тилдүү окурмандар менен жүз көрүштүргөн.

Романды уйгур тилине уйгур элинин атактуу котормочусу Нурмаммет Дөлөт уулу которгон:

Таанымал котормочу Нурмаммет Дөлөт
Таанымал котормочу Нурмаммет Дөлөт
- Айтматовдун көпчүлүк чыгармаларын кытай тилинен уйгур тилине котордум. Мен үчүн Айтматовдон өткөн улуу жазуучу жок. Анын чыгармаларын окуп же которуп отуруп толкунданганымдан кайбир учурларда жарым түндө таттуу уктап жаткан аялымды ойготуп алып, «Бул жери мындай жазылыптыр!» деп окуп берчүмүн. Айтматовдун каза болгонун укканымда бир тууган агамдан айрылгандай болдум.

Нурмаммет Дөлөт уулу кытайлык кыргыздар уюштурган Айтматовго байланыштуу чогулуштарга калбай катышып, кыргыз журтчулугу менен ой бөлүшүп келет. Айтматовдун аты чыкса ичкен ашын жерге койгон котормочу 2008-жыл 12-декабрда Үрүмчүдө өткөн Айтматовду эскерүү кечесинде көзүнөн буурчактап аккан жашын тыйа албай, айтаар сөзүн жөндөп айта албай, буулугуп ыйлаганы ошол кеченин катышуучуларын айран таң калтырган эле.

Айтматовдун чыгармалары уйгур тилине 1980-жылдардан баштап которула баштаган. Биринчи жолу 1983-жылы «Тоолор жана талалардын байаны» аттуу китеби Нурмаммет Дөлөттүн котормосунда жарык көргөн. Андан соң баардык чыгармалары куйрукулаш басылып чыга баштаган. Ушул жылдын соңунда «Шинжаң эл басмасынын» уйгур бөлүмү тарабынан Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу жарык көрмөкчү.

Бектур Илияс уулу
2012-жыл 29-Июль.
Үрүмчү шаары


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

Ош: сапатсыз курулуштардын санаасы

Жаңы үйлөрдүн биринин алдындагы чөгүп кеткен аянтча. Ош, 1-август, 2012

Ошто жаңы түшкөн үйлөрдүн тургундары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы салган үйлөр сапатсыздыгына нааразы болууда.

Үйлөрдүн ичинде газ жана суу түтүктөрү эмитен эле жараксыз абалга кептелсе, имарат алдындагы аянтчалар чөгүп кеткен. Ал эми дирекция муну жакын арада оңдоп бере турганын убада кылууда.

Утуру ар кайсы жеринен көйгөй чыгып, жашоочулардын мазесин кетирген 64 батирлүү көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенине араң бир жыл аяк басты. Батирлеринен суу акканы менен мындагылар эч кимге айтпай, өткөн кышты эптеп өткөрүштү. Бирок дагы деле оңдоо иштери колго алынбай жаткандыктан аргасыз коомчулукка кулак кагыш кылып коюуну чечишкен.

Жашоочулардын бири Асылбек бул үйдү куруучулар “колдон өтөр, үйгө жетер” кылып курушканына нааразы:

- Бул жерге тепкич курулуп, тиги жакка унаа коюучу жай болуш керек эле, бирок баары курулбай калып кеткен. А курулган асфальттары болсо, минтип көчүп түшүп, андан чыккан суу жертөлөгө кирип атат. Бөлмөлөрдөгү суу түтүктөрүнүн баары кыркылып, суу чыкса ал дагы үйдүн ичин каптайт. Көпчүлүк батарейкалар кесилип жаткандыктан кышында аябай кыйалдык. Материалдары, арматуралары бүт эле Кытайдан келген сапатсыз курулуш материалдар. Кармасаң сынып калат. Суу бурагычтары болсо, бурасаң суу чыкпайт, чыккандай кийин кайра жабылбайт. Келип көрүшүп оңдойбуз деп кетишкен, алигиче бирөө жарым жок.

Анар кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары арыз-муңун айтуудан деле коркуп калышкандай. Аты-жөнүн айтып коюшса, эртеси дирекциянын өкүлдөрү келип аларды бир сыйра опузалап кетет имиш. Жашыруун калгысы келгендердин бири “Азаттыкка” мындай деди:

- Алгач үйдүн жарымын жабыр тарткандарга берген дагы, 16 батир белгисиз себептерден улам берилбей туруп калган. Ошондо сууну коё беришкенде суу түтүктөрү жарылып кетип үйлөрдүн ичин каптап, дубалдары көчүп кеткен. Бир сыйра оңдомуш болгон менен ошол 16 батирдин газ шаймандарын, суу шаймандарын, ажаткана, ванна, жарык ж.б. эмеректерин бүт уурдап кетишкен. Мен ошол батирлердин бирине киргениме 20 күндөй болду. Бизге берген учурда батирлердин эшиктери ачык, ичи аябай начар эле. Жадагалса ток сайгыч, эшиктин кармагычтарынан бери алып кетишкен.

Жашагандарына жыл айланса да бул жердегилер көгүлтүр отунсуз отурушат экен:

- Эми баарын айтып чыкканда не. Үйлөрдүн арткы терезелери да талкаланып калган. Дубалдары көчүп түшүп атат. Абалы өтө коркунучтуу болгондуктан шаардык ЖЭК комитети жараксыз деп кабыл алган эмес. Башкача айтканда бул жердегилердин коопсуздугуна эч ким жооп бербейт. Кудуктардын оозу ачык болгондуктан балдар 2-3 жолу түшүп кетип өлүп кала жаздады. Газ жок болгондуктан бир жылдан бери электр энергиясы менен гана жашап чыгып жатабыз, - деди аталган үйдүн комитет жетекчиси Роза Касымова.

2010-жылкы июнь окуясынан жабыркагандар үчүн Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан салынган мындан башка үйлөрдө да ушул сыяктуу маселелер бар экенин ошол үйлөрдө жашагандар ачыкка чыгарууда. Дирекция болсо буга негизинен үйлөрдү салган курулуш фирмалары айыптуу экенин айтып келет. Бирок алар түзүлгөн келишим боюнча бузулган жерлерди оңдоп-түзөп берээрин убада кылууда.

Дирекциянын техникалык бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Карабаев буларга токтолду:

- Бул үйлөр каркастык формада курулгандыктан мында Кытайдан келген материалдар, арматуралар иштетилген эмес. Үйлөр негизинен сапаттуу эле, анча-мынча проблемалары эле болбосо. А сапатсыз болсо, же бир жери бузулган болсо аны ошо курган фирмалар өз эсебинен оңдоп беришет. Мамлекетке бир тыйын да зыян келбейт бул иште. Эми булардын сапаты негизинен биздин техникалык бөлүм, мамлекеттик көзөмөл бөлүмү жана лабораториялык кызматтар тарабынан текшерилген.

Деген менен Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы менен үй курган фирмалардын ортосундагы кепилдик келишимдери аягына чыгып калганы да ачыкка чыгууда. 64 батирлүү көп кабаттуу үйдү “Интер-Планета” жана “Керме-Тоо” жеке менчик курулуш фирмалары салган. Дирекция тарабынан Ош шаарында курулган көп кабаттуу 11 үй бар.

Жаңы үйлөрдөгү кемчиликтерден сүрөтбаян

Ош: сапатсыз үйлөрдүн санаасы

Балаңызды аскерге жибересизби?

Кыргыз аскерлери. Ош, 29-июнь, 2010.

Коомдук уюмдун сурамжылоосуна катышкан ата-энелердин көпчүлүгү кыргыз армиясына баласын жиберүүнү каалабасын айткан.

Мындай сурамжылоону «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду уюштурду. Ага тартылган ата-энелердин 90 пайызы балдарын армияга жибергиси келбесин айткан.

Изилдөөнү даярдаган фонддун аналитиги Артур Букалаевдин сөзүнө караганда, респонденттер аскерде балдарынын саламаттыгына доо кетээрин, атүгүл киши колдуу болуп же өз жанын өзү кыйып, тирүү кайтпай калышы да мүмкүн деп коркушарын билдиришиптир.

- Экинчиси болсо, азыркы армиянын техникалык жетишсиздиги, аскер окуусу боюнча материалдары менен ыкмалары төмөн болгондуктан көпчүлүк ата-эне армияга баргандан пайда жок, анткени ал жактан алар аскер билимин алып келбейт деген ойдо.

Букалаев кошумчалагандай, акыркы жылдары көбөйүп бараткан зомбулук жана басынтуу фактылары армиянын абройун төмөндөттү.

Бирок Коргоо министрлиги мындай тыянакка макул эмес. Министрликтин башкы штабынын Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Элеманов муну мурда маалыматтар ачыкка чыкпаганы менен байланыштырат:

- Беш-он жыл мурда мындайлар интернетке тарачу эмес. Экинчиден, ал кезде саясат башка болчу – аскердик бөлүктөрдө эмне болуп атканы көп деле коомчулукка айтылчу эмес. Азыр аскердеги зомбулук өсүп баратат, же ылдыйлап баратат деп айта албайбыз. Бизде мындай көп деле суицид маселелери жок. Суицид жасоого аракет бар, ачык (демонстративный) суицид бар.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2009-жылы кодулоонун 26 фактысы катталып, 13 кылмыш иши козголсо, 2011-жылы 23 факт аныкталып, 14 кылмыш иши козголгон. Быйылкы жарым жылда 9 кылмыш иши козголгон.

Аскер прокуратурасынын өкүлү Игорь Павлюковдун айтымында, жоокерлер кодулоо жана зомбулук фактыларын ачык айтуудан корккондон улам тергөө кыйындайт:

- Иш жүзүндө аскер бөлүктөрдүн башчыларында психологиялык жана педагогикалык билим жоктугунан, алар өз убагында аскерлердин арасында болуп жаткан кризистик абалды аныктап жана чечпей жатышат. Куралдуу күчтөр тарбиялоочу сапаты менен мыкты командирлерге муктаж, андан сырткары көп жерлерде бизде штаттык психологдор жок.

Куралдуу күчтөр тармагына Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн тышкары УКМК алдындагы Чек ара кызматы, ИИМдин ички куралдуу күчтөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жаза аткаруу департаментинин бөлүктөрү да кирет.

Изилдөөчү Артур Букалаев изилдөөлөрүнөн улам сунуштарынын биринде, атайын кызмат өтөө милдетин жоюп жана кыскартып, ордуна мобилдүү, эффективдүү жана профессионалдуу армия түзүү жагын жазган.

- Алгач стратегиялык максатты иштеп чыгыш керек да. Ал стратегия азыркы учурга байланыштуу болуш керек. Анткени биз армияда ар бир адам кызмат кылууга милдеттүү деп айтабыз. Бирок анын артында "эмне үчүн мен милдеттүүмүн, мен эмнеге күрөшүп жатам?" - деген да суроо туулат.

Коргоо министрлигинин жетекчилиги болсо негизинен аскер системасында кемчиликтер бар экенин мойнуна алып, атүгүл аларды өздөрү ашкерелеп жатканын билдирип, сунуш-пикирлерди угууга даяр экенин да баса белгилөөдө.

Изилдөөчүлөр эл арасында жалпысынан армияга оң карап, уландар өз ыктыяры менен кызмат кылышы керек, андан баш тартуу патриоттук сезим, же жоопкерчилик жок деген көз караш орун алганын да аныкташкан. Тек гана сурамжылоого катышкандардын көбү куралдуу күчтөр азыркы турушунда мындан ары жашашы мүмкүн эмес, аны түп-тамырынан өзгөртүү зарыл деп эсептешет экен.

Батыровдун мүлкү талоонго түштүбү?

Кадыржан Батыров

Июнь коогасы боюнча айыпталып, чет өлкөгө качып кеткен Кадыржан Батыров Кыргызстандагы мал-мүлкү таланып-тонолуп кеткенин айтып чыкты.

Кыргызстандын прокуратура органдары болсо анын дооматтын четке кагууда. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев Кадыржан Батыровдун башкаларга каттаттып, мүлкүн жашырып калуу аракеттеринин бети ачылганын жана жакында сот чечим чыгарса ага таандык деп саналган 28 объект мамлекетке өткөрүлөөрүн жарыялады.

Батыров: талап, талкалап бүтүрүштү

Кадыржан Батыров Жалал-Абад шаарындагы, Сузактагы, Ноокендеги жана Базар-Коргондогу ага таандык мүлктүн көпчүлүгү жеке адамдардын пайдасына бөлүштүрүлүп, алар аркылуу үчүнчү бирөөлөргө сатылып кеткенин билдирди. “Азаттыкка” маегинде Батыров соттун өкүмү менен мамлекеттин карамагына өткөрүлсүн деген ишканалардын кагаз акцияларынан башка анда колго илинерлик буюм-тайым же мал-мүлк калбаганын белгиледи.

Мындай талап-тоноолор 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин эле башталганын айткан Кадыржан Батыров өткөн эки жыл аралыгында анын ишканаларына таандык мүлк эбак эле башка бирөөлөрдүн менчигине айлангандыгына мындайча токтолду:

- УКМКнын кызматкерлери экскаваторлорду, тракторлорду сатып жиберишкен. Соода жана медициналык жабдууларды университеттин кампасына алып келип киргизип койсок, ошонун бардыгын милиция, атайын кызмат, прокуратура баш болуп талап-тоноп кетишиптир. Арсланбабга чакан ГЭС курабыз деп 1,5 километр жүздүк жети жүз диаметрдеги металл түтүктөрдү дагы чыгарып, талкалап, сатып бүтүрүштү. Эгерде мамлекетке өткөзө турган болсо, ошонун бардыгын мыйзам чегинде каттоого алып туруп, мамлекеттин карамагына өткөзүп алышпайт беле. Алардын андай жол менен өткөзүү ниети жок.

Ошол эле кезде учурда Швецияда башкалап жүргөн Батыровдун Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлдөрү ага таандык тиешелүү мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу боюнча иш-чараларга катыштырылбай жатканына даттанды. Ал өзү жакын туугандарына катталган мал-мүлк Батыровго таандык деген негиз менен атайын каттоого алынып, бул боюнча сот иштери аталган тараптын кызыкчылыгын эске албастан жүрүп жатканын белгиледи.

Кадыржан Батыров менчик укугу одоно бузулгандыгын айтып даттанган анын ишенимдүү өкүлдөрүнө карата коркутуп-үркүтүүлөр жана куугунтуктоо болгонун да билдирди:

- “Достук” акционердик коомунун жетекчиси жанагы мүлктү мыйзамсыз талап-тоноп жатасыңар деп арызданса аны прокуратурага чакырып, коркутушуп, жогору жакка жолдогон арызыңды кайтарып ал деп куугунтукка алып, басым көрсөтүп жатышыптыр. Биздин жигиттер соттун кайда, кантип өткөнүн деле билишкен жок. Булар өздөрү кызыкдар тарапты чакырбастан эле өзүм билемдик менен ар кандай сот чечимдерин чыгартып алып жатышат. Бизден мына ошол тергөө, же сот иштерине бир дагы адам адвокат, же жөн эле юрист катары катыша алган жок.

Көз боёмочулуктун “көчүрмөсү”

Бирок Батыровдун койгон дооматтарын прокуратура органдары четке кагууда. Тескерисинче, Батыров учурунда мал-мүлкүн башка бирөөлөргө мыйзамсыз каттаткан бир канча фактылардын бети ачылганы белгиленди.

Жергиликтүү мамлекеттик каттоо органдары кезинде Батыровго таандык байлыктын көпчүлүгүн жасалма кожоюндардын атына жазууга көмөктөшүп, анын кесепетинен анын мал-мүлкүн же ишканалардагы акцияларын мамлекетке алуу жагы татаалдашып кеткен.

Мына ошондуктан алгач аталган мүлктүн 2010-жылга чейинки чыныгы кожоюндары ким болгону жана андан кийин менчик ээлери кандайча алмашып кеткени изилденип чыккан. Иликтөө материалдарында анын көпчүлүк мүлкү 2005-жылга чейин Батыровдун өзүнө катталса, кийинки беш жылда ар кайсы адамдардын наамына жазыла баштаганы аныкталган.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев Батыровдун мүлкүн изилдөө иштери 2010-жылы үстүртөн иликтенгендиктен аны мамлекетке алуу жагы кечеңдеп келгенин белгиледи:

- Сот аткаруучулар менен прокурорлор чогуу барып, анын кайсы жерде кандай менчиги болгону жана ал кийин кимдерге катталып, же өтүп кеткенин тактоо боюнча чоң иштерди жасады. Ага чейин Батыровдун мүлкүнө камак койулсун деген эле жалпы документ кабыл алынып, бирок конкреттүү тастыктоо болгон эмес экен. Ошонун айынан ага таандык болушу мүмкүн деген мүлктүн көбү табылбай жаткан. Жыйынтыгында анын мүлкүн мамлекетке өткөрүү иши мына ушундай мөөнөткө кечеңдеди. Бардыгын тактап-тастыктап туруп, биздин балдар сотко өткөрүп беришти. Азыр Батыровдун адамдары менен келишип алып, кандайдыр бир жеке кызыкчылыктагы иштерди жасоого мүмкүн эмес. Мүмкүн андай иштер мурда болсо болгондур.

Кадыржан Батыровдун июнь окуясы боюнча кылмыш иши сотко өтүп, өкүм чыкканга чейин анын мал-мүлкүн изилдеп чыгуу жана камакка алуу маселеси күн тартибине койулбайт деп эсептешет айрым адистер. Ал эми Батыровдун кылмыш иши бир жылдан ашуун тергелип, былтыр күзүндө гана сот өндүрүшүнө берилген. Соттун бул боюнча тиешелүү чечими чыккандан кийин гана мүлктүн менчик ээсин изилдеп, аныктоого дагы бир жылдай убакыт кеткен.

Жалал-Абад облусунун ошол кездеги прокурору Каныбек Турдумамбетов Батыровго таандык болушу мүмкүн деп шектелген мүлктөргө камак койуу кезинде мыйзам чегинде жүргүзүлгөн деп эсептейт:

- Мына ошол оор күндөрдө ар кандай кыйынчылыкка карабастан тергөө тобу Батыровдун мамлекеттик каттоодо расмий катталган мүлкүнүн бардыгына камак койгон. Анан ал тизме канчалык толук же толук болбогонун ошондогу тергөө тобундагы кызматкерлер менен такташ керек. Аны тактап, кимдир бирөө мыйзам бузганын азыр деле аныктап чыгууга болот. Негизи соттун өкүмү чыкканга чейин эле сот аткаруучулар же тергөөчүлөр Батыровдун мүлктөрүн каттоодо бурмалоого жеке кызыкчылыктан улам жол берүүгө мүмкүн эмес. Анткени ал учурда эч кандай сот боло элек болчу. Ал эми 2011-жылы соттон кийин кимдер экскаваторлор менен тракторлорду сатканын билбейм.

Парламент иликтейт

Бирок чындыгында эле Батыровго тиешелүү мүлктүн көпчүлүгү 2010-жылы июнь окуясынан кийин башка адамдардын наамына көп жазылган фактылар бар экени парламентке да белгилүү болгон. Мындай иштер Батыровдун өзүнүн жакын адамдарынын колу менен ишке ашканы же башка бирөөлөр аны ээлеп алуу максатында ага түрткү болгону белгисиз. Бирок ага таандык айрым мүлктүн июнь окуясынан кийин эле Салижан Шарипов сыяктуу адамдарга катталышы мындай иштер менен көпчүлүк учурда Батыровдун адамдары алектениши мүмкүн деген ойго жетелейт дешет айрым серепчилер.

Кандай болгон учурда да менчик укугун мыйзамсыз каттоого алган мамлекеттик органдар жана ага буюртма бергендердин бети ачылууга тийиш деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов:

- Батыровго таандык мүлк башка бирөөлөргө катталып, алардын расмий ээлигине өтүп кеткени аныкталып отурат. Ошол боюнча биз укук коргоо органдарына тапшырма бергенбиз. Мына ошол кездери жергиликтүү бийликтин кандай органдарынын ичинен кимдер арткы мөөнөт менен мүлктөрдү каттоого алууга жол бергени аныкталууга тийиш. Ага жогортон ким уруксат же көрсөтмө берген? Мына ошонун бардыгын иликтеп чыгып, тиешелүү жооптуу кызматкерлердин бетин ачышыбыз керек. Муну сентябрь айынан баштап кайрадан карай баштайбыз.

Изин сууткан ишканалар

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясынын башкы күнөөкөрү катары айыпталып, аны сот өмүр бою эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. 2011-жылы чыккан ал сот өкүмүндө Батыровдун мал-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү талабы көрсөтүлгөн. Бирок расмий түрдө ага Жалал-Абаддын Сузак районундагы чакан жер тилкеси гана катталган болуп чыгат. Батыров атындагы "Эл достугу" университети, "БатырАвиа" компаниясына таандык ИЛ-76 жана ЯК-40 тибиндеги төрт учак, “Достук” акционердик коому, медициналык клиника, Жалал-Абаддагы “Шабдалызар” базары, эки миң баш кой-эчки менен үч жүздөн ашуун кара мал кармаган фермалары жана гектарлаган жер тилкелери иликтөө учурунда жакын туугандарынын атына жазылгандыгы аныкталган.

Аталган мүлктүн көпчүлүгүн 2010-жылдагы этникалык кагылыштан кийин эле, 15-июнь күнү космонавт Салижан Шариповдун наамына өткөрүлгөн. Ал өзү аталган мүлктү Батыровдун мурдагы жубайынан биржа аркылуу сатып алганын айткан болчу. Ал эми Кадыржан Батыров жубайы Карамат Батырова менен ажырашып кеткени белгиленген. Жакында эле сот аталган ажырашуу жасалма жүргүзүлгөн деген негизде чечимин чыгарды.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын экономикалык иштер боюнча орун басары Эдил Чаканов сотто аталган алды-сатты келишимдердин мыйзамдуулугун аныктоо маселеси караларына токтолду:

- Акциялар Батыровдун аялынын атында болуп жатат. Анан мына ошол акциялардагы анын үлүшүн бөлүп алуу боюнча өзүнчө сот иши болот. Анан бардык мына ушуга окшогон иштердеги Батыровдун мүлктөрүн баштапкы абалына кандайча алып келебиз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Бул жерде биз мына ушун бардыгы Батыровдуку экен деп эле мамлекетке өткөрүп сала албайбыз да. Ошондуктан алгач Карамат Батырова менен Салижан Шариповдун ортосундагы алды-сатты келишимин, анан Карамат Батыровага мүлктү өткөрүп берүү боюнча документтер жокко чыгарылууга тийиш.

Тергөөнүн материалдарында Батыровдун карамагындагы “Достук” акционердик коомуна караган Ноокендеги “Айылчарба химиясы” ишканасы 2010-жылы анын жакындарынын бири Журобой Сайпидиновго катталганы аныкталган. Ал адам 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынын райондук координатору болуп иштеп берген. Мындай мисалдар ондоп саналаарын айткан изкубарлар Батыровдун мүлктөрүн анын ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого алууга жергиликтүү жана борбордук бийлик өкүлдөрүнүн катышы болушу мүмкүн деп шектенишет.

Жарандык коом Сабиров үй камагына чыгышына каршы

Равшанбек Сабировду сотко алып келишүүдө, 6-июль, 2012.

Жарандык коом өкүлдөрү абакка түшкөн министр Сабировду үй камагына чыгарууга кепилдик берген депутаттарды сындап чыкты.

Депутаттар абакта жаткан Равшанбек Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жетишкенин өлкөдөгү социалдык коргоону реформалоо үчүн түзүлгөн жарандык демилгелердин коалициясы айыптай турганын бүгүнкү билдирүүсүндө айтты.

Июлдун башында камакка алынган социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров 25-июлда айрым депутаттардын кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.

Аталган коалициянын атынан сүйлөгөн укук коргоочу Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” сүйлөп жатып: "Биз балдарды чет өлкөгө асырап алуу ишиндеги коррупцияны иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишине кийлигишкен депутаттардын аракетин айыптайбыз. Депутаттар Камчыбек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Нурлан Төрөбеков, Бөдөш Мамырова жана Талант Мамытов өздөрүнүн аракети менен Бишкек шаардык сотунун чечимин дээрлик алмаштырып алышты. Мындай окуя Кыргызстан үчүн начар өнөкөткө айланышы ажеп эмес. Бул жараян улана берсе, бир да жогорку кызматтагы чиновник жоопкерчиликке тартылбай калышы мүмкүн деген коркунуч бар", - деди.

Турдубекова мындай аракет Бишкек шаарынын мурдагы мэри, азыркы депутат Нариман Түлеевди эки ай мурда кармоо учурунда да болгонун эске салды. Ошондо абактагы депутат айрым башка эл өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен бошотулган. Бирок төрт күндөн кийин кайра камалды. “Азыр эми жаңы эле бала асыроодогу коррупциялык схемалардын тамыры көрүнө баштаганда депутаттардын бул иши күрөшкө олуттуу тоскоолдук болот”, - дейт ал.

"Депутаттардын аракети президент, премьер, анан парламенттин өзү тарабынан жар салынган коррупцияга каршы күрөшкө тоскоолдук кылат. Кээ бир депутаттар өздөрү менен бирге иштеген башка эл өкүлдөрүнүн кылмышын жашырып, аларды коргой берсе, өз алдынча түрмөдөн чыгара берсе, анда жөнөкөй жаран кантип бул система менен күрөшө алат? Курөшө албайт, албетте", - деди Назгүл Турдубекова. Ал Кыргызстанда “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук корун жетектейт.

Экс-министр Равшанбек Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жетишкен депутаттардын катарында ысмы аталган парламент мүчөсү Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” сүйлөп жатып, алар Равшан Сабировду гана эмес, аларга кайрылган “күнөөлүү деп табыла элек” ким болбосун, баарын бошотуу үчүн арыз жазганга даяр экенин, андыктан жарандык коомдун өкүлдөрү жаңылышып жатышканын айтты.

"Биз, депутаттар, бир эле Равшан Сабиров эмес, башка көптөгөн адамдар үчүн өтүнүч каттарды жазабыз. Врачпы, мугалимби, дыйканбы, айтор, ким болбосун, күнөөсү жок кармалып калса, чыгарылсын деп жазып жатабыз. Кылмыш учурунда кармаса мейли, бирок башка бирөөнүн сөзү менен кармагандын өзү азыркыдай орозо күндөрү – чоң кылмыш, - дейт депутат. - Равшан Сабировду биз түрмөдөн сүдүрөп чыгыптырбызбы? Соттун чечими болду. Нариман Түлеев боюнча чечим маселен, өзгөртүүсүз калды. Ал үчүн бизге караганда көбүрөөк депутат кайрылган болчу. Равшан Сабировду эч ким пара менен кармаган жок, анын жардамчысы кармалды. Демек жардамчысынын үстүнөн тергөө жүрүп, сот болсун".

Башкы прокуратура министр менен анын жардамчысы кызматынан кыянаттык менен пайдаланып акча өндүргөн деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөнүн фирмасын каттоо үчүн талап кылынганын билдирген. Сабиров дооматтарды четке кагып келет.

Коррупцияга каршы күрөшкө байкоо салган аналитиктер азыр жарандык коом менен депутаттардын ортосундагы бул соңку окуялар жалпы жемкордукка каршы күрөшкө терс таасирин тийгизет деп эсептешет. Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканова “депутаттар элге конкреттүү белгилерди берип жатышат” дейт.

"Коррупциялык иштер үчүн күнөөлөнүп же шектелип кармалган чиновниктерди депутаттар кайра эле кепилдиги менен чыгарып жатышканда элге “жемкор болсоң да, колдооң болсо болду” деген сигнал берилип жатат. Бийликке келгенде сен да ушундай болосуң деген ой жатат, башкача айтканда, адамды паракордуктан коркуткан эч кандай тосмо калбады, - дейт Нурипа Муканова. - Ошол эле маалда, бир тоок же кой уурдаган адамга 10 жыл берет же катуу жаза чегерет. Азыр Сабировбу, Түлеевби, айтор, кайсыл жогорку кызматтагы адам болбосун, анын жемкордукка канчалык тийиштиги бар же жок экенин иликтей турган атайын органдар бар. Бул депутаттардын иши эмес. Соттун тийиштүү чечими болушу керек. Бирок ага жеткирбей эле депутаттар бул ишке кийлигишип жатышат".

Жакында кыргыз бийликтери балдарды чет өлкөгө асыроону уюштуруу иштерине кайрадан тыйуу салып коюшту. Ага салынган тыйуу былтыр октябрда алынган болчу.

Энергетикалык көз карандылыктан чыгуунун экинчи кадамы

Энергетикалык көз карандылыктан чыгуунун экинчи кадамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00
Түз линк

Кыргыз келиндери Пакистанга чыдабай жатат

Пакистандагы кыргыз келин Кыргызстандагы президенттик шайлоо үчүн добуш бергени балдары менен кыргыз элчилигине келди. Исламабад, 30-октябрь, 2011. (Сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.)

Пакистан жаранына турмушка чыгып, ажырашкан кыргызстандык келин балдарын сот аркылуу кайтарып алды.

Нуржамал Темированын айтымында, күйөөсү эки уулун 1,5 жылдай мурун Пакистанга мыйзамсыз алып кеткен. Ал арада кыргыздын пакистандык күйөө балдары бирикме түзгөнү жатат.

Мекенине келүүгө зар болгондор...

Элчиликтин маалыматына ылайык, учурда Пакистанда 50дөн ашык алатоолук келин жашайт. Алардын арасында очор-бачар болуп орун алып кеткени, укугу басмырланып, мекенине келүүгө зар болуп жатканы бар.

Нуржамал Темирова Пакистандын жаранына турмушка чыкканы менен күйөөсү, бала-чакасы болуп Бишкекте эле жашаган экен. Оту күйүшпөй, ажырашып жатканда жолдошу жасалма документтер менен балдарын Пакистанга алып кетип калган. Бул окуя боюнча сот жараяны Пешавар шаарында 1,5 ай созулган. Келиндин айтымында, ага Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги көмөктөшкөн:

- 2011-жылы, 7-январда балдарымды атасы мыйзамсыз алып чыгып кеткен. Аларга Пакистан элчилиги мыйзамсыз паспорт берген. Ошондой эле менин жасалма колум коюлган ишеним кат даярдаган. Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги мага адвокат жалдаганга жардам берди. Элчиликтин кызматкерлери сот процессине мени менен кошо катышып, мени Пешаварга алып барып келип жатты.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин маалыматына ылайык, учурда Пакистанда ошол өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан 56 алатоолук келин жашайт. Алардын балдары 80ден ашат.

Элчинин орун басары Кубанычбек Токторбаев “Азаттыкка” маегинде келиндер арасында кыйналгандар, оор жашоосуна даттангандар көп экенине токтолду. Себеби салт-санаа, турмуш адат такыр бөлөк. Маселен, бул өлкөдө кыз-келиндер коомдук унаада, көчөдө, бир шаардан экинчи шаарга каттаганда өзү жалгыз жүрө албайт. Тамагына көнүү да бир топ оор:

- Биринчиден, бул ислам өлкөсү. Мыйзамдын баары исламдын негизинде. Ошол жагын көп кыздар кабыл алалбайт. Көнүп кете албайт. Андан сырткары үй-бүлөлүк мамиле, салт-санаа деген абдан эле башка. Үчүнчүдөн тамагы, булардын тамагы бир-эки жегенде экзотика, кызык болуп көрүнөт. Анан айлап-жылдап ошол тамакты жегенде көңүлүң калат. Дагы бул жерде климат абдан оор. Азыр мисалы бул жерде 50 градустай ысык болуп турат. 48-52 градус – бул жакта кадимкидей температура. Биздикилер мындай ысыкты көтөрө албайт. Такай тердеп жүргөнгө көнбөйт.

Токторбаев туулуп-өскөн жерине кайткысы келген алатоолук келиндерди кетиргенге жардам берилип жатканын кошумчалады. Ушу жазда эле Пакистандын Ооганстан менен чектешкен кооптуу аймагынан эки келинди мекенине жөнөтүшкөн:

- Кээ бирлери бала-чакасын алып, кайра келем деп туруп кетип калышат. Келиндерге жашоо-турмушу жакпаса ар түрдүү жолдор менен кеткенге аракет кылышат. Кээ бирлери күйөөсү менен жакшынакай эле жашап жүрүп, мекенине эс алганы барганда келбей коюшу мүмкүн. Эми бул жерде ар түрдүү кырдаал болот. Айрымдары жакшынакай эле жашайт. Өздөрүнүн клиникалары, чоң бизнестери бар. Каалса үч ай бул жакта, үч ай тигил жакта жашайт. Жайында ысыкта Кыргызстанда, кышында Пакистанда жашагандары бар. Баарын эле бирдей начар жашайт дегенге болбойт.

Пакистандык күйөө балдар бирикме түзөт

Кыргызстандык Айгүл Ашраф беш жыл мурун Пакистандын жаранына турмушка чыккан. Ал өзү бардар жашарын, Пакистанда такай болбой турганын, бирок эми ал жактагы кыргыз кыз-келиндердин башын кошууга аракет кылып жатканын айтып берди. Анын жолдошу Малик Ашраф кыргыздын пакистандык күйөө балдарынын бирикмесин жетектегени жатыптыр:

- Ал жакта элдин турмушу бай жана кедей болуп бөлүнүп калган. Эгерде жашоосу ортодон өйдө болсо абдан эле жакшы. Биздин кыргыздын аялдарына окшоп эртеден кечке чейин базар, кечинде келип алып үй-оокаты, тирилик дебейсиң. Үйүңдө жумшай турган кызматчы болот. Эртеден-кечке эс аласың. Өзүң үчүн жашайсың. Жер кыдырып, эл көрөсүң. Мен начар жашагандарын айта албайм, себеби мен аларга жолугуп, көрө элекмин. Биз Пакистанга барып-келип эле турабыз да. Эми барып, ал жактагы кыргыздар менен катышалы деген оюбуз бар.

Жыл башында “Азаттыктын” куржунуна Пакистанга турмушка чыккан атын атабаган кыргыз келинден кат келген болчу. Ал окурманыбыз да өзүнүн турмушу жакшы экенин айтканы менен бөтөн элге, бөтөн жерге барган көпчүлүк мекендештеринин турмушу оор экенин, жашоосу ый-азап менен өтүп жатканын жазган эле.

"Мекендештер": Бир бололу!

"Мекендештер": Бир бололу!
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
Түз линк

Четтеги мекендештер акыл кошот

Бул күндөрү дүйнөнүн чар тарабында жашап, иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар киндик кан тамган жерине келип, канткенде Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөр катарына кошобуз деген маселени ортого салып талкуулаганы турушат.

"Арай көз чарай" талкуусуна сырттан келген замандаштар чакырылды: Германиядан келген Кайрат Итибаев, Австриядан келген Райхан Айзенхут, Африкадан келген Айжан Абдешова.

“Азаттык”: Окурмандарга кыскача маалымат берсеңиздер, жашап жаткан өлкөдө эмне менен алектенесиз, канча жылдан бери ошол жактасыз?

Райхан Айзенхут: Мен Австрияда 1996-жылдан бери жашайм. Ал жакта музыкалык мектепте скрипкадан сабак берем, оркестрде. Ар кандай ансамблде ойнойм.

Айжан Абдешова: Мен Борбордук Африкадагы Бурунди мамлекетинде тоо-кен байлыгын чалгындоо компаниясында башкы директордун орун басары болуп иштегениме эки жыл болду.

Кайрат Итибаев: Мен Германияда Соода жана өнөр жай палатасында иштейм. Андан сырткары Чехияда докторантурада сырттан окуйм.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуздар:





Токон аттуу угарман: Бийликтен жемкорлор кеткенде гана мамлекет оңолот. Буга кандай карайсыңар?

Кайрат Итибаев
Кайрат Итибаев
Кайрат Итибаев: Германияда көргөн тажрыйбамды айтайын. Мыйзамдуулукту орнотуш бир жылдын гана маселеси эмес. Көп жылдар талап кылынат. Сиз айткан маселеге кайрылсак, акча алып кармалгандар болсо чекесине коррупционер деген белги коюп, сүрөтүн билбордорго илдирип койсо жакшы иш-чара болмок деп достор менен сүйлөшкөндө тамашалап калам.

Дагы бир маселе. Биздин элчиликтер протоколдук жана консулдук иштен башка иш алып барышпайт. Инвестиция же сооданы активдештирүү боюнча да иштер жүрбөйт. Албетте каражат жок, бөлүнбөйт. Деги эле Тышкы иштер министрлигин реформалаш керек.

“Азаттык”: Айжан, сиз Африкада тоо-кен чалгындоо тармагында иштейт экенсиз. Кыргызстанда бул багытта айрым маселелер чыгып, жергиликтүү тургундар инвесторлорду иштетпей жолун бууган, келишим мамлекеттин кызыкчылыгын эске алынбай түзүлүп калган учурлар кездешип калып жүрөт. Сиз иштеп аткан Бурунди өлкөсүндө бул маселе кандай чечилет, жергиликтүү тургундар менен байланыш кандай?

Айжан Абдешова
Айжан Абдешова
Айжан Абдешова: Африкада тоо-кен байлыктары көп. Бул багытта 1963-жылдан бери белгиялык компания иштеп келген экен. Система жолго салынып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн да мыйзамдар катуу.

Кыргызстанда кандай кемчиликтер болуп жатканын мен деле көрүп жатам. Бизде инвесторлор келгенде талапты катуу койгону менен кайсы жерден туура алып кетишти билбей жатышат деген ойдомун.

Негизинен Кыргызстанга пайда алып келе тургандай болушу керек, бирок инвесторлордун жолун торобой, алардын суроосуна жооп бере тургандай жагдай түзүлүш керек.

Бурундиде биз мамлекет, администрация менен жакшы иштейбиз. Алар “баланча суммада инвестиция алып келгиле, беш жылдык планыңарды көрсөткүлө. Эгер бул долбоор жакшы болсо, анда колдойбуз”, - деп айтышат. Түзүлгөн келишимге жооп бере алышат. Келишим эң аз дегенде эки жылга түзүлөт. Эгер ошол компания жакшы иштесе, келишимди дагы узартып, бирок жергиликтүү калктан жумушка алуу милдеттендирилет.

“Азаттык”: Райхан айым, Кыргызстанда маданият жакшы көңүл бурулбай калды. Адамдын жан-дүйнөсү жакыр болсо, өлкө байыбайт деген сөздөр көп айтылып жүрөт. Сиз да ушундай абалды байкадыңызбы?

Райхан Айзенхут
Райхан Айзенхут
Райхан Айзенхут: Ооба, маданиятка аз көңүл бурулуп жатканына мен көп жылдан бери капа болуп жүрөм. Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп менен байланышып турам. Бирок бул жылы келгенде аталган мектепте жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын көрдүм, уктум. Балдарга мындан дагы көп көңүл бурулуп, өсүшүн каалайм.

Чет өлкөдө, ошонун ичинде Австрияда бала төрөлгөндөн баштап башкача мамиле жасалат. Эгер Кыргызстанда балдары тентектик кылса, уруп койгон учурлар көп эле кездешет. Австрияда баласын урганын билсе жоопко да тартылат. Балдар биздин келечегибиз, ошондуктан аларды бапестеп өстүрсөк келечегибиз да гүлдөп өсөт.

Үйүңдү кор кылба

Гезиттер өлкө турмушундагы окуяларды, өткөн тарыхты баяндаган макалаларга орун берди.

“Комсомольская правда Кыргызстан” гезити тоодогу суу тоскуч плотиналар жарылып кеткен күндө да Бишкекке эч кандай коркунуч туулбастыгын, кечээ көл жырылып каптай баштаптыр деген кабар алгач саат 10до тарап, анан “бузулган” телефон аркылуу заматта элди дүрбөлөңгө салганын жазып чыкты.

Көлдөн агып чыккан суу азыр секундуна 7-8 куб метр көлөм менен менен агып чыгууда, бул деген эл-журтка эч кандай коркунуч алып келбей турган, күн катуу ысыганда кирип турган кадыресе көлөмдөгү суу. Бирок кандай болгон күндө да кыргыздын “сактыкка кордук жок” деген жакшы сөзү бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул тапта кокустан күтүүсүз кырсык болуп кетпесин деп баарына көз салып турат.

Элди дүрбөлөңгө салгандарды оозун кантип тыйса болот? Эң биринчи эле ушак-айыңдарды жокко чыгара турган, баарына өз маалында, так, туура маалымат берүү болуп саналат. Гезит бул боюнча айрым ой-пикирилерди жарыялады. Бири “суу каптап келатыптыр” деп элди дүрбөлөңгө салгандарды жоопко тартуу керек десе, экинчиси минтип дүрбөлөңгө салгандар “паникер” эмес, чыныгы алдын алуучулар болуп саналарын, эгер минтип алдын ала “паника” салбаганда Крымда мындан да көп эл кырылып калмак деген ойлорун ортого салды.

“Көк асаба” гезити да сатууга түштү. Гезит бүгүн Бишкектеги опера жана балет театрында кыргызстандыктардын жана мекендештердин дүйнөлүк конгресси башталарын, конгресс эртең жана бүрсүгүнү Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Рух ордо” маданий комплексинде уланарын кабарлап, конгрессте негизинен Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча докладдар окуларын, тынчтык, биримдик боюнча талкуу жүрөрүн, ага Европа өлкөлөрүнөн, Орусия, Казакстан, Кытай, Америка, Африка, Австралия мамлекеттеринен келгендер катышарын маалымдады.

Кезинде гектарынан 600 центнерден ашуун кант кызылчасынын түшүмүн алып, кант өндүрүү боюнча 15 союздук республикалардын ичинен такай Украинадан кийинки экинчи орунда жүргөн, эгин-тегини кырманга батпай, жашылча, мөмө-жемиши дасторконго төгүлүп турган берекелүү Сары-Өзөн Чүйдү бозоргон талаага айландырып алсак, анда бизди келе жаткан келечек муун эч качан кечирбестигин кеп кылган карыя журналист Кенжалы Сарымсаковдун макаласы “Кеңирсиген кең Чүй - Сары-Өзөндүн аянычтуу абалы” деп аталды.

Макалада ошондой эле чарбалар менчикке айлангандан кийин туруктуу иштеген, каражат жана шайман жагынан толук камсыз болгон гидро-техникалык адистер жок болуп баратканын, ушу тапта Чүйдүн 55 миң гектардан ашуун жерин саз басып, шор каптап, камышка айланганын, түшүмдүү жерлердин баары туш келди салынган үйлөргө толгонун, эртеңкисин ойлонгон бир дагы мамлекеттерде мындай кайдыгерлик, мындай чарбасыздык болбостугун, Чүйдүн дыйканчылык жерин каралбай калгандыктан жумушсуздук, анын айынан көчө сагалап оокат кылган көбөйүп, алдым-жуттумдук, айла-мал күчөп, жердин баркы бааланбай, кесири менен кесепети элдин пейилине тийип жатканын жаны кейип кеп кылды.

“Көк асаба” гезити сандан санга жарыялап келаткан “Енисей кыргыздары, россомондор жана көйгөйлөр же ДНК – тарыхты бурмалагандарды ачыкка чыгарат” деген аталыштагы макаланын кезекктеги уландысын жарыялады.

Кочкор районундагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектептин кыргыз тил мугалими Өзүбек Абдыкалыковдун сабак октуунун көйгөйлөрү туурасындагы сандан санга басылып келаткан баалуу ойлорунун жыйнытык бөлүгү да ушул санда.

“Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы Бактыбек Максүтовдун “Үркүндүн чыгышына кыргыздар күнөөлүүбү?” деген макаласы жарыялана баштады.

“Көк асаба” гезити окурмандарга “Малик ата жана эски заман окуялары” деген ат менен тээ 76-жылы өз күчү менен Бүркүт деген капчыгайга, эч нерсе өспөйт деген 200 гектар какыр жерге бак-дарак тигип гүлдөтүп салган Малик аттуу карыя тууралуу баяндады. Бул баянда бир кезде бабаларыбыз Бүркүттүү деп атаган аймак кийин орустар отурукташкандан кийин орел деген сөздөн улам “Орловка” деп аталып кетип, Кеминдеги бул керемет аймак союз убагында Москвага карап турганы айтылат.

Журналист Айзада Тойгонбаеванын макаласы кытайлык кыргыз туугандар тууралуу. Макалада ушу кезде Кытайда 200 миңдей кыргыз жашарын, быйыл кыргыздар жашаган Кызыл-Суу обулусунда манасчылардын эл аралык 5-фестивалы, муну менен бирге эле сүрөтчүлөрдүн 4-эл аралык фестивалы болгонун, фестивалга дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекетинен келип катышканын, Манастын эстелиги ачылганын маалымдады.

Бүт дүйнөнүн кыргыздары биригеби?

Бишкекте дүйнөнүн чар тарабынан келген кыргызcтандык мигранттардын жана диаспоралардын өкүлдөрү чогулуп, Ата-Мекенине каржылык, интеллектуалдык жана башка жагынан салым кошуу маселелерин талкуулай баштады. Бул форумдан Сиз эмне натыйжа күтүп жатасыз?

20 жыл мурда эгемендикке ээ болгон кыргыздар жана кыргызстандыктар экономикалык, саясий жана маалыматтык көз карандысыздыкка жетишет деп ишенесизби?

Коррупция менен чыныгы күрөш кандай болот?

\
Азыркы кезде коррупцияга байланыштуу депутаттарды, министрлерди, тартип коргоо жана мамлекеттик уюмдардын кызматчыларын камаган учурлар көп кездеше баштады. Буга байланыштуу коомдо кээ бирлери нааразы болсо, кээ бирлердин мен кыйынмын деген адамдардын камалышы табаларын
да кандырууда. Ушуга байланыштуу мен коррупция менен чыныгы күрөш кандай боло тургандыгы жөнүндө көз карашым менен окурмандар менен бөлүшкүм келди.

Мамлекеттеги коррупция менен күрөшүү аябагандай татаал жана көп багыттуу. Ошол себептен кээде жемишин берсе, көп учурда аягына чыкпайт.

Мамлекеттик жана демократиялык институттары туруктуу, өнүккөн мамлекеттерде коррупция менен күрөшүү жеңилирээк, ал эми Кыргызстанга окшогон коррупцияга белчесинен баткан, кедей, башкаруучу институттары жокко эсе мамлекетте иш бир эле убакта, түрмөгө отургузуудан башка дагы, бир топ маанилүү багыттарда жүрүшү керек.

Мен аларды негизинен 5 маанилүү багытка бөлөөр элем. Менин оюмча алар: коррупциясыз система жаратуу, адекваттуу компенсация, демократия, маданият жана жаза. Булар бири бирине өтө тыгыз байланышкан, бири бирине таасири күчтүү, ошондуктан бири жасалып, экинчиси каралбай калса, анда коррупция менен күрөш максатына жетпейт.

1. Коррупциясыз система.

Мен бул күрөштү да эки багытка бөлөөр элем.

а) Дебюрократизация: мамлекеттик кызматчылардын экономикадагы, бизнестеги ролун кескин түрдө азайтуу, саясаттагы монополияны (президенттин жана партия лидерлеринин бийлик үстөмдүгүн) жок кылуу, экономикада атаандаштык жаратып, маанилүү экономикалык чечимдерди кабыл алууда абсолюттук ачыктыкты камсыз кылуу. Мамлекеттик лицензия, сертификат, уруксаттардын санын минималдаштыруу. Булардын баары коррупциялык чөйрөнү, схемаларды жараткан нерселер.

в) Реформалар. Өзгөчө тартип коргоо, сот, бажы, салык, финансы жана мыйзам тармактарында. Кечээ гана адам өлтүрүүгө аралашкан тартип коргоо уюмдары жана түп тамырынан бери коррупциялашкан жалпы эле мамлекеттик институттар бүгүн эч өзгөрбөстөн коррупция менен күрөшүүгө моралдык укугу барбы?

2012-жылдын февраль айындагы Gallup уюмунун изилдөөсү боюнча, тартип коргоо уюмдарын элибиздин 80-95% коррупциялашкан деп эсептейт. Моралдык укугу, коомдун ишеними жок бир дагы институт коррупция менен күрөшө албайт. Ал эми ишеним чыныгы реформа аркылуу гана жаралат. Калкка жооптуу, компетенттүү жана эффективдүү кызмат көрсөткөн мамлекеттик бийлик системасы гана коррупция менен күрөшө алат. Жетекчисин гана алмаштырып жакшы уюм жарата албайбыз.

2. Адекваттуу компенсация (айлык акы жана мамлекеттик артыкчылыктар)

Ар бир мамлекеттик жана тартип коргоо кызматчыларына коррупцияга аралашпай, тетирисинче, күрөшүү үчүн мамлекет татыктуу айлык акы, адилеттүү карьералык система жана келечегине ишеним бериши керек. Болгону 5-10 миң сомдун тегерегинде айлыгы бар, ал эми келечеги бүдөмүк МАИ, прокуратура, финполиция жана башка кызматчылар пара албаганда эмне кылат? Коррупция менен күрөшмүш болуп аткан президент, премьер-министр, министрлер жана депутаттар ушул айлыкка жашай алабы?

Мамлекеттик жана тартип коргоо уюмдарынын кызматчыларынын айлык акысы, алыскы мамлекеттерди айтпай эле, КМШ мамлекеттеринин ичинде эң төмөнкүсү. Ошондуктан татыктуу айлык акы жана мамлекеттик колдоо бербестен кызматчыларды тазаланууга, коррупция менен күрөшүүгө чакыруу ээн талаадагы кыйкырыкка эле окшош.

3. Демократия.

Коррупция менен күрөшүүдө демократиянын 4 принциби баарынан маанилүү.

Сөз эркиндиги. Массалык маалымат каражаттары, журналисттер бийликти колдоп, ишенип, коррупциялык схемаларды жана адамдарды коомдун сотуна алып чыгуусу.

Чыныгы атаандаштык. Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш бийликке, мамлекеттик кызматка жана мамлекеттик ишканаларга ишенген, сатпаган адамдарын эмес, чыныгы атаандаштыктын негизинде билимдүү, профессионал, жаңы көз караштагы адамдардын келүүсүнө шарт түзүүгө милдеттүү.

Ачыктык. Президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш саясий жана экономикалык чечимдерди кабыл алууда коомдун алдында толугу менен ачык болуусу зарыл. Өзгөчө журналисттердин мамлекеттик уюмдардан маалымат алуусун жөнөкөй жана тездетип, ал эми президент, премьер-министр жана министрлердин ким менен жолугуп, эмнелерди сүйлөшкөнүн так билишибиз керек. Премьер-министри Казакстандын "серый кардиналын" жеке менчик машинада тосуп алып, жашыруун жолуккан мамлекет коррупция менен эч убакта күрөшө албайт.

Граждандык коом. Бийлик коррупция менен күрөшүүдө граждандык коомду эл ишенимин жаратуу үчүн негизги өнөгү катары кароосу зарыл.

4. Маданият

Тилеке каршы коррупциялык система биздин маданиятыбызга айланып, аң сезимибизге сиңди. Мүмкүн болгон жерде колунан келгендер пара алат, ал эми колунан келбеген жөнөкөй элибиз шайлоодо добушун сатат. Баары коррупция! Ошол эле Gallup уюмунун изилдөөсү боюнча элибиздин 60% өз кызыкчылыктарына туура келсе пара берүүгө даяр. Бул маданиятты өзгөртүү үчүн тарбиялык (билим тармагынын реформасы) жана пропагандалык мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, коомго жайылтуу.

5. Жаза

20 жылдык тарыхыбызда министрлерди, депутаттарды камаган бир топ учурлар болду. Бийлик анын баарын коррупция менен күрөш катары баалап, аябагандай пиар жасашты. Бирок жыйынтыгында алардын баары акталып, ал эми Кыргызстан эң коррупциялашкан мамлекетке айланды. Ошондуктан күрөш бийлик тарабынан системалуу жүрүп, ал эми жарандардын коррупция үчүн эртели кеч жазаланарын билиши аябагандай маанилүү. Бул жерде тартип коргоо уюмдарынын коррупционерлерге каршы далил чогултуусу, аны бекемдөө үчүн шашпай эмгектенүүсү, коомго маалымат берүүсү, түрмөгө отургузуу жана уурдалган мүлктү жана каражатты мамлекетке кайтаруу боюнча профессионалдуу иш алып баруусу зарыл.

Мен бул маанилүү багыттарда азыркы бийликтин жасаган ишин көрө алган жокмун. Ошондуктан бүгүнкү "коррупция менен күрөштү", азырынча "компанейшина" же "саясий куугунтук" деп гана баа берүүгө туура келет.

Равшан Жээнбеков

Мельниченко: Мекенимден кол үзбөйм

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Атланта Олимпиадасынын жеңүүчүсү, грек-рим күрөшү боюнча спортко эмгек сиңирген чебер Юрий Мельниченко "Азаттыкка" маек курду.

Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн Мельниченко 1990-жылдардын башында Казакстан жарандыгын алып, ошондон бери кошуна өлкөнүн атынан таймашып жүрдү.

Азыр Казакстандын күрөш боюнча Олимпиадалык даярдоо борборунун директору жана Спорттук күрөш ассоциациясынын вице-президенти.

Мелниченко 2-августта башталып жаткан "Мекендештер" форумуна катышуу үчүн Бишкекке келди.

- Сиз "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду уюштуруп жаткан "Мекендештер" форумуна кандай идея, сунуштарыңыз менен келатасыз?

- Мен мекеним – Кыргызстандагы жаш муун менен массалык, кийин чоң спорт менен машыгып жүргөн учурда топтогон тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын. Себеби Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү илгертеден өнүккөн болчу.

Азыр өзгөчө грек-рим жана эркин күрөштөрү өлкөдө спорттун приоритеттүү түрлөрүнө кирет. Ошондуктан тажрыйбам менен бөлүшүүгө, тренинг-семинар өткөрүүгө, кеңеш берүүгө, кыскасы кыргызстандык спортчулардын эл аралык турнирлерде ири ийгиликтерге жетишүүсү, чеберчилик деңгээлин көтөрүү үчүн көмөктөшүүгө даярмын.

- Ошондой чоң ийгиликтерге жетишүү үчүн кыргызстандык спортчуларга эмнелер жолтоо болууда?

- Менимче биринчи кезекте инфраструктураны күчтөндүрүү зарыл. Себеби азыркы залдардын сапаты замандын талаптарына жооп бербейт. Күрөш инфраструктурага караганда тезирээк өнүгүүдө. Спорттук залдар, Олимпиада кыштактары керек.

Идеалдуу түрдө приоритеттүү спорттор үчүн бир спорт айылчасын Ысык-Көлдө, экинчисин Бишкекке жакын жерде курса болот. Ал жерде экологиясы таза, өтө бийик эмес тоолор, өрөөндүү аймактар ыңгайлуу болуп эсептелет. Андан Кыргызстандын спорт комитети акча тапса деле болот. Себеби көптөрү Ысык-Көл кылаасында машыгууну каалашат. Бирок жогорку ийгиликтерге жетишүү үчүн шарттары жок, ар кайсы пансионаттарда даярданууга аргасыз болушат.

- Бул жагынан алганда Казакстан Кыргызстанга үлгү болуп бере алабы?

- Кайсы бир деңгээлде ооба, болот. Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы тенденцияларды пайдаланууга аркеттенип келет. Андай проблема Казастанда да бар. Спорттун жайкы түрлөрү боюнча инфраструктуралар бул жерде да жакшыртылууга тийиш. Олимпиада айылы болсо азыр курулуп жатат.

Казакстан бир тууган өлкө катары Кыргызстан менен башка тармактардай эле спорт жагынан да кызматташат. Менимче, тажрыйба алмашуу абдан актуалдуу.

- 1995-жылы сиздин Прагада дүйнө биринчилигинде таймашканыңызды көрдүм эле. Сиз күмүш медал тагынганда биздин белгилүү чемпионубуз Раатбек Санатбаев: “Юра биздин жигит, жакында эле Казакстанга кеткен” деп айтканда, чынын айтсам, бир аз ичим күйгөн. Сиз Казакстанга кетип калбасаңыз ушундай ийгиликтерге жетише алат белеңиз?

- 1993-жылы мен Казакстанга кетүү тууралуу чечим кабыл алгам. СССР ыдырагандан кийин постсоветтик жумурияттардагы абал абдан начар болгонун жакшы билебиз. Биз ошондо Жапонияда өткөн Азия чемпионатына даярданып жатканбыз. Бирок акча табылбай калып, барбай калдык. Спорттук карьера кыска экенин түшүнүп, Казакстанга көчүп кеткем.

Спорт чеберлери, машыктыруучулар Даулет Турлуханов жана Геннадий Сапруновдун чакыруусу менен “Даулет” клубуна барып кошулдум. Машыгып жатып, бир жылдын ичинде бара-бара Казакстан жарандыгын алып, спорт чеберчилигимди ал жерде өнүктүрүү чечимин кабыл алгам.

- Мен суроомду кайталагым келет. Кыргызстанда калсаңыз дүйнө жана Олимпиада чемпиону болот белеңиз?

- Андай ийгиликтерге жетише албайт элем. Ал кезде Кыргызстанда спорт менен эч кимдин иши жок болчу. Биздин балбандар арасынан биринчи болуп чоң мелдештерде атагы чыккан Раатбек Санатбаев Казакстанда машыгып, ошол жерде даярдыктан өтчү. Бирок ал Кыргызстандын жарандыгын сактап калган. Ага бүт шарттар түзүлүп берген.

Даулет Турлыханов менен Раатбек Санатбаевдин жеке жакшы мамилеси болбосо, ал мүмкүн болбойт эле. Ал жылдары Кыргызстандын базаларындагы абал начар болчу, каржылоо дээрлик жок эле. Биз негизги атаандаштарыбыздан алда канча артта калмакбыз.

- Сиз кичи мекениңиз Жалал-Абадга барып турасызбы?

- Ооба, дайыма барып турчумун. Бирок улуттар аралык жаңжалдан кийин ал жактагы туугандарым бара-бара Казакстан менен Орусияга көчүп кетишти. Менин жакындарым Октябрьский айылында жашачу, ошол окуялар дээрлик алардын дарбазасы артында болгон. Албетте андай улам кайталанган окуялар элди тынчсыздандырбай койбойт.

Азыр мен Бишкектеги досторум, тааныштарым менен жолугушуп турам. Убакыт болгондо Жалал-Абадга да бир күнү сөзсүз барам. Туулган жерим, тарыхый мекеним менен байланышымды үзбөйм.

- Биз Лондон Олимпиадасы башталып жаткан учурда маектешип атабыз. Биздин спортчулардын, асыресе балбандардын мүмкүнчүлүктөрүн кандай баалайсыз?

- Мен алардын мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалайм. Грек-рим күрөшү Кыргызстандагы номур биринчи спорт экенине басым жасагым келет. Дзюдочу, эркин күрөшчүлөр да абдан күчтүү.

Грек-рим күрөшүн айта турган болсом, Данияр Көбөнов чондор арасындагы дүйнө чемпионатынын коло медалисти, Арсен Эралиев жаштар арасында дүйнө биринчилигин уткан. Экөө тең жөн эле медаль эмес, эң жогорку медалдар үчүн таймаша алат деп ишенем. Аларга чоң ийгилик каалайм.

Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин Бээжин Олимпиадасындагы жетишкендиктерин жок дегенде кайталап, а балким алардан да мыкты жыйынтык көрсөтө алышат. Себеби Канат Бегалиевге чемпиондукка бир аз эле жетпей калган. Алардын жолун жолдогондор ошол максатка жетсин деп каалайм.

- Өзүңүз Лондонго барасызбы?

- Ооба, "Мекендештер" форумунан кийин 7-августта жол тартканы жатам. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарды бул жерден телевизордон көрүүгө туура келет. Бирок кыздардын эркин күрөш боюнча беттешүүлөрүн ал жактан көрөм.

- Юрий, сиз кыргызстандыктарга жан тартасызбы?

- Албетте! Мен казакстандыктарга да, крыгызстандыктарга да ийгилик каалайм. Олимпиадада эң күчтүүсү жеңиши керек деп эсептейм. Бардык спортчулар максаттарына жетсин дейм.

- Рахмат.

- Сизге да спортко кызыкканыңар үчүн рахмат. Ийгилик каалайм.

Ысык-Көл турагенттин көзү менен...

Эс алуу маалында жүздөгөн адамдар киреше таап алышат. Алардын арасында студенттер да бар.

Мисалы, Айбек Айткунов туристтик фирмалардын биринде турагент болуп иштейт. Ал Ысык-Көлгө келген саякатчыларды көл айланта кыдыртат.

- Мен "бизде атайын даярдалган гиддерибиз бар, алар көп окуп, географияны жана тарыхты жакшы билген кишилер. Деңгээлинен эч кам санабаңыз" деп жөн гана жазып койом. Бизге рахматын айтып кетишет.

Көл жээгинде туристтерди кабыл алып, кызматтын ар түрүн сунуш кылган турагент Айбек быйыл ишин баштаса да, туристтерди жакшылап тейлөө тажрыйбасына ээ болуп калганын кеп кылууда.

Айбек иштеген туристтик фирмалар бул тегеректе аз эмес, баары ар бир саякатчы үчүн жанын үрөйт. Бирок баары кызмат акысын бирдей кылабыз деп келишип алышкан экен. Ким бирөөсү эле бааны ылдыйлатып койсо, аны иштен чыгарышарын Айбек айта кетти.

- Бул бир күндүк жолдомо, эртең менен кетип, кечинде алып келишет. Анан бир жерге барыш үчүн жолдун узундугуна жараша болот. Эгер бир үй-бүлө болсо, ар бир кишиге туздуу сууга барыш үчүн 1000 сомдон айланып калат. Эгер 10 жашка чейинки балдары болсо, аларды алдына отургуза турган болсо, анда ал балдарына төлөбөйт. Жазылгандардын жарымы жаңы келгендер, жарымы мурун келип кеткендер. Булардын көпчүлүгү туздуу көлгө барышат, себеби ал жер ден соолукка пайдалуу экенин билишет.

Айбек эки күндүк туристтик жүрүштө ар бир конок Кыргызстан жөнүндө толук маалымат алып кетет деп ишендирүүдө.

- Төрт жарым миң сом болот. Бул жерде абдан ыңгайлуу, себеби ушул жолдомо менен көлдү тегеренип келесиз. Эки күндүк турда Кыргызстан жөнүндө бардыгын билсе болот.

Эки күндө келгиндерди төмөнкү жерлерге алып барып келишет экен:

- Мисалы, Жети-Өгүгө барабыз, Караколго токтойбуз. Караколдон Пржевальскийдин музейин, дунган мечитин, православ чиркөөсүн көрүп, андан ары Жети-Өгүзгө барабыз. Ал жерден Жарылган жүрөктү, Жети-Өгүз тоосун, шаркыратманы көрсө болот. Андан кийин Барскоон айылына барып, ал жерден 89 метрлик шаркыратманы көрөбүз. Андан ары өйдө тоого барса, ал жерден мөңгүгө чыгарабыз. Эртеси күнү Өлүк көл деген жерге барабыз. Ал жерде адам такыр чөкпөйт, бул жерде ден соолукка пайдалуу баткактын эки түрү бар. Ал жерге баргандардын баары бизге рахматын айтышат.

Быйыл биринчи жолу четтен келген эс алуучулар менен иштешкен Айбек бир ай арасында 100гө жакын мейманды тейлептир.

- Бул жерде иштеген мага жакты. Быйыл бул жерге жаңыдан гана иштеп жаткандыктан туристтер көп, же аз деп айта албайм. Бирок бул жердегилердин айтымында, быйыл киши аз болуп жатат. Былтыр сезон жакшы болду дешти. Бир айда он миң сомдой каражат таптым.

Айбек сыяктуу туристтик сезондо акча тапкан жаштар аз эмес. Эми алар бир жарым-эки ай арасында каражат таап гана тим болбостон, конокторду кабыл алуу, аларга кичи пейил кызмат көрсөтүү сыяктуу өнөргө да ээ болуп кетишет.

Бахрам Азимовдун ырлары эл оозунда

Кыргыз шоу-бизнесиндеги көрүнүктүү ырчылардын көбү Ош шаарындагы обончу Бахрам Азимовго таандык ырларды аткарып жүрүшөт. Өзбек тектүү музыкант жараткан кыргызча чыгармалардын дээрлик баары популярдуу.

Бахрам Азимов он жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз эстрадасындагы ырчылар менен иштешип келет. Анын калемине таандык обондорго жаралган ырлардын көбү элге сиңген.

Ал жараткан ырларды бүгүнкү күндө Мирбек Атабеков, "Кыз-Бурак" тобу, Султан Садыралиев, Алихан, Даниел өңдүү ырчылар ырдап жүрүшөт.

Бахрам Азимов борбор калаадагы эстрада өкүлдөрү менен негизинен интернет жана телефон аркылуу иштешет.

Баса, каарманыбыздын эч кандай музыкалык билими жок. Негизги кесиби журналист. Музыкага болгон кызыгуусу аны ушул чөйрөгө жетелеген:

- Кээ бирлерге музыкалык билимим жок десем таң калышат. Негизгиси, адамда талант болуш керек. Теория да зарыл нерсе, бирок талантың болбосо, баары бекер…



Бахрам Азимов ырчыларга кээде даяр чыгарманы сунуштаса, айрым учурларда обонун жазып берет да, ага сөз жазуу үчүн ырчыларга өзү көмөктөшөт:

- Мен музыканы жазып, сөздөрү кандай ыргакта болушу керектигин муун-муунга бөлүп, “ля-ля-ля” деген сөздөр менен диктофонго түшүрүп, жөнөтөм. Кээде “бир, эки, үч, төрт” деп сандардын аталышын обонго салып жаздырам. Ошонун негизинде аткаруучулар ырдын сөзүн жаздырып алышат...



Бахрам Азимов бир кездери ырчылык менен да өзүн сынап көргөн. Азыр кыргыз шоусунда популярдуу болуп турган ырларды алгач өзбек тилинде жазып, Оштогу майрамдарда ырдаган.

Султан Садыралиевдин "Жөнөкөй жигит", Сайкал Садыбакасованын “Эстедим” аттуу ырларын бир кездери өзү аткарып жүргөн.



Беш-алты жыл мурун Бахрам Азимов кыргыз жана өзбек тилиндеги дуэттерди жазып, кыргыз эстрадасына жаңылык да киргизген болчу. Бул ыкманы күзүндө кайрадан жандантуу аракетинде.



Ырчы Жумагүл Райымжан кызы Бахрам Азимовго таандык “Кайдан болсоң” деген ырды аткарып жүрөт. Ал обончунун чыгармачылыгы гана эмес, адамдык сапаттары да алкоого арзырлык деген оюн билдирди.

- Студиясына кайсы гана убакытта келсеңиз, күлүп тосуп алат. Түндө болобу, дем алыш маалында болобу, телефон чалып, кеп-кеңеш сурасак, астейдил түшүндүрөт. Буйруса, жакында Бахрам аке менен кыргыз жана өзбек тилинде дуэт ырдасамбы деп турам.

39 жаштагы Бахрам Азимов азыр Ош филармониясында эмгектенет. Каарманыбыз көп ырларын өткөн кылымдын 90-жылдарында жараткан. Ал кезде азыркыдай теникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгондуктан чыгармаларынын басымдуу бөлүгү сакталбай калыптыр.



- "Кара каш" деген ырымдын казак, уйгур, кыргызча варианттары чыккан. Убагында аябай хит болгон. Тилекке каршы ал ырды сактап койбоптурмун. Мурдагы аудио кассеталарды сактап жүргөндөрдө болушу мүмкүн.

Бахрам Азимов бир гана кыргызстандык ырчылар менен иштешпейт. Анын кардарларынын арасында Өзбекстандын ырчылары да бар. Ушул күнгө чейин ал 300дөн ашуун обон жазган. Анын калемине таандык ырлар кыргыз, өзбек, казак, уйгур тилдеринде жаңырып жүрөт.

“Кызгандым... өлтүрдүм”

Жетекчиликтен СМС кат. “Стамбулдун баланча районунда адам өлтүрүү факты катталды” деген бир гана сүйлөм. Муну угаар замат "куралданып", кылмышкерди кармачудай болуп, окуя болгон жерге шашып жөнөйбүз.

Мындай окуялар бир күндө көп болгондуктан көнүп деле калдык. Барсаң баягы эле окуя. Өлгөн адам менен кылмышкер гана башка. Анткени кылмыштардын себеби бир: “аялым менин көзүмө чөп салды”, “кызгандым”, “өзү жиниме тийген” өңдүү актануулар. Ооба, дал ушундай себептерден улам акыркы он жылда түрк аялдардын жаны кыйылып, бир күндө бир нече наристе жетим калууда.

Ошентип бир күн ичинде жазылган кабарлардын ичинен кеминде экөө аял өлүмү тууралуу болот. Алардын көпчүлүгү бычакталып же болбосо тапанча менен атылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Эң өкүнүчтүүсү - 1-10 жаш курагына чейинки балдар мындай трагедиялардын күбөсү болуп калууда. Мисалы, 31 жаштагы адам 19 жаштагы аялын 5 жана 1.5 жаштагы балдарынын көзүнчө 47 жолу бычактап өлтүргөн. Ал эми экинчи окуяда акча маселесине байланыштуу үй-бүлөлүк чыр, денесинин 7 жерине ок тийген аялдын өлүмү менен аяктаган.

Албетте мындай окуялар күндө кайталанып, гезиттердин башкы бетине чыгышы чет өлкөлүктөр үчүн жат көрүнүш. Бир да гезиттен “аялы күйөөсүн өлтүрдү” деген макала окуй элекмин. Жергиликтүүлөр да “таң калбай эле кой, бул - Түркия” дегендери менен бул көрүнүш Түркия үчүн олуттуу көйгөй экенин жашырышпайт. Ал тургай үй-бүлөлүк зомбулук жана аял өлүмү маселеси өлкөнүн парламентинде да талкууланып, акыркы он жылдан бери өкмөттүн баш оорусу болуп келет.

Түркиянын Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, 2002-жылы 66 аял өлтүрүлгөн болсо, 2009-жылдын алгачкы жети айында 953 аял өлүмү катталган. Ал эми 2010-жылдан бери бул сан миңдин кырын ашкан. Демек бир күндө орто эсеп менен 4 аял өлтүрүлөт.

Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан ажырашуу арызын жазгандардын саны да өстү. Мындан сырткары Адилет министрлигинин Стамбулдагы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана аялдардын укугу” бюросуна бир жылда 300дөй аял жардам сурап кайрылган. Бул го Стамбулдагы гана сан, ал эми Түркиянын башка аймактарындачы?!

Түркиядагы аял өлүмдөрүнүн себептери: ажырашуу, кызганыч, алдоо. Айрым эркектер аялын кызганып, көп учурда кызуу кандуулукка алдырып коюшат. Маселенин чын-төгүнүн эч териштиришпейт. Кээ бирөө бир нече жыл өтсө да ажырашкан аялын аңдып, жаңы турмуш курууга тоскоол болушат. Коркутуп, сабап гана тим болбостон өлтүрүп коюшат. Айрым учурда кордукка чыдабаган аял жанын кыят. Мындан тышкары энесин, кыздарын да кордоп өлтүргөндөр да бар. Угуп отурсаң төбө чачың тик турат.

Айпери Сейитбекова, Стамбул

Милиция тазаланат

Ички иштер министрлиги алты айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. ИИМ эми реформаны ичинен тазалануу аркылуу өткөрөрүн жар салууда.

Бир аз мурда эле жарандык коом жана мекемелер аралык комиссия ИИМдин структурасын жана маңызын өзгөртүү боюнча өз-өзүнчө долбоор сунуш кылган эле.

Кыргыз милициясын реформалоо кыйла жылдан бери айтылып, бирок көзгө урунарлык натыйжа болбой келатканын бийликтер мойнуна алууда.

Ички иштер министрлиги эң ириде милиция кызматкерлерин даярдаган жогорку окуу жайы - академияны жана бардык башкармалык жетекчилерин орун басарлары менен кошо тазалап, иргегени жатат.

Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Алымбековдун билдиришинче, аттестациялоо сентябрь айында башталмакчы:

- Өзүңөргө белгилүү, жакында эле академиянын бүтүрүүчү курсанттарына байланыштуу бир топ масепелер болду. Ушундан улам сентябрь айында академиянын профессордук-окутуучулук курамын толугу менен аттестациядан өткөрөбүз. Ошону менен катар жалпы Кыргызстан боюнча ИИМдин башкармалыктарынын жетекчилерин жана алардын орун басарларын, айрыкча кадрлар менен иштөө боюнча орун басарларын аттестациядан өткөрөбүз. Облустагы ИИМдин жетекчилери да өздөрүнүн райондук бөлүмдөрүндө аттестацияны өздөрү өткөрөт.

ИИМдин 31-июлдагы жыйынында министр Зарылбек Рысалиев милициянын ишиндеги бир топ кемчиликтерди белгиледи. Кызматын аткара албагандар жазаланарын эскертти:

- Кээ бир облустарда биздин кызматкерлер 931 грамм героин кармап жатат. Ал жерде канча кызматкер бар? Баары граммдап кармашат. Ал эми биздин кызматкерлерди прокуратуранын, УКМКнын балдары 15 килограмм менен колго түшүрүп атат. Салыштырып көрсөңөр. Бул деген биздин айрым кызматкерлер маңзат менен шугулдангандар менен дос болуп алган дегенди билдирет.

Милицияны кескин реформалоо тууралуу сөз жазында эле башталган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн жемкордукту ооздуктоо планына ылайык, эмки кадам тартип коргоо органдарын өзгөртүү болоорун айткан. Ага ылайык, азыркы Жол коопсуздугун күзөтүү башкармалыгынын ордуна Жол-кайгуул кызматы түзүлмөкчү. Жыл аягына чейин борбордук шаарларда негизги көчөлөргө видео камералар орнотулат. Бирок башкы МАИчи Талантбек Исаев каржылоо маселесин чечпестен реформа жасоо мүмкүн эмес деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- МАИ кызматкерлерине акыркы жолу 2009-жылы форма берилиптир. Бүгүнкү күнү кызматкерлерге майга жана кызматтык унааларды оңдоого бир тыйын да бөлүнбөйт. Каржылоо маселеси чечилмейинче биз паракорчулукту кантип токтотобуз? Ошондуктан каржылоо маселесин чечип, анан реформага барышыбыз керек.

Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү жана өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссия милицияны реформалоо боюнча өз-өзүнчө концепция сунуштаган. Анда ИИМдин академиясын жоюп, анын ордуна жогорку билим бербеген, кадрларды кайра даярдаган Полиция академиясын жана бир топ кызматтарды, департаменттерди түзүү каралган. Ошондой эле ички аскерлер да жоюлат, ИИМ полиция болуп түзүлүп, структурасы өзгөрөт. Ага ылайык, ИИМ жарым-жартылай жарандык түзүмгө айланмакчы.

Бирок ИИМдин азыркы жетекчилиги мындай өзгөртүүгө көнбөй жатат. Милицияны атайлап алсыратуу аракети болуп жатат деген да ойлор айтылууда. Мындан улам жарандык коом милицияны өзгөргүсү келбейт деп күнөөлөп кирди.

Активисттер сунуштаган концепцияда милиция кызматкерлеринин баарын убактылуу кызматтан четтетип, аттестациядан өткөрүп, иргеп алуу каралган.

Эркин базар институтунун талдоочусу Азиз Иса кыргыз милициясы өнүккөн өлкөлөрдүн жолуна түшүп, жарандык кызматка айланышы керек деген ойдо:

- Милиция коомго жакыныраак болуш үчүн милицияны жарандык адам башкарыш керек. Ал эми криминалдык полицияга тажрыйбасы бар, ушул органда иштеп келген адистер керек. Анткени алар кылмышкерлер менен иштешет да. Ал эми министр болсо биринчи кезекте менеджер да. Ал жөн эле башкарат. Ал өзү кылмыш ачпайт да.

Ошентип азыр ИИМдин реформалоо боюнча үч концепция жазылып, орток пикир табыла элек. Өкмөт бир документке токтолуп, аны сентябрда парламенттин кароосуна жөнөтүшү зарыл. Мындан улам милиция реформасы көпкө созулчудай.

Сүрөттөр www.gov.kg сайтынан алынды.

Тез-Төрдөн ашкан суунун чуусу

Тез-Төрдөн ашкан суунун чуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00
Түз линк

Ажылык сапардын баасы арзандайт

Муфтият быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча иштерди баштады. Ажылыкка даярдык боюнча муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулло ажы Эгембердиев "Азаттыкка" маек курду.

- Ажылык сапарды уюштуруу чыр менен коштолуп, ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Мындан улам быйылкы ажылык сапарды уюштуруу канчалык ачык өткөрүлөт?

- Ажылык уюштуруудагы алгачкы иш болуп биз Сауд Арапстандын Кыргызстанда ачылган элчилиги менен сүйлөшүп, ажылыкты уюштурууга даяр экенибизди билдиргенбиз. Алгачкы иш катары учак компанияны тандоо боюнча 31-июлда тендер өткөрүү белгиленген. Тендерди жарыяланганы тууралуу маалымат 25-июлда ММК, интернет аркылуу маалымдалган. Учурда “Кыргызстан” аба компаниясы жана “Кыргыз Транс Авиа” компаниясы тендерге катыша турганын расмий билдирди.

Сиз айткандай, ажылык сапарды ачык-айкын уюштуруудагы алгкачкы иш катары тендердик комиссия түзүлдү. Ага Жарандык авиация агенттиги, Президентке караштуу дин иштери боюнча комиссия, УКМКнын өкүлдөрү кирген.

Муну менен катар ажылыкка барууну каалагандардын 3000ден ашык паспорт тапшырылган. Буларды кабыл алуу боюнча да ар кыл органдардын өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүлгөн. Ошондой эле муфтияттын уламалар кеңешинин сунушу боюнча 17 адамдан турган көзөмөл комиссиясы да түзүлгөн. Булар мурдагы жылдагы ажылык өткөрүүгө байланыштуу каражатты, иштердин отчетун да текшеришет.

- Быйыл кыргызстандыктарга Мекеге ажылык барууга канча орун берилди?

- Расмий түрдө 4500 орун берилди. Булардын ичинен 500 орун азырынча бош турат. Бул боюнча биз комиссия түзүп, жалпы өлкө боюнча бөлүштүрүлмөкчү. Мында ажылыкка барууну каалагандар түштүк аймагында көп болгону да эске алынат. Каалоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу кошумча 500 орун сураганбыз. Азырынча жооп боло элек.

- Адатта ажылык уюштуруудагы чыр сапар үчүн акчаны чогултууда, орундарды бөлүштүрүүдө чыгат эмеспи. Мындан улам ушул каражатты көзөмөлдөө жагы кандай болуп жатат?

- Албетте мунун баары көзөмөлдө. Акча төлөмдөр банк аркылуу жүрүп жатат. Азыркы учурда банктагы эсебибиз көзөмөлдө болуп, канча каражат түшкөнү ачык-айкын билинип турат.

Мисалы, быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча 7 миллион 100 миң доллар биздин эсебибизге түштү. Негизинен, быйылкы эсептөөлөр боюнча ажылык сапардын баасы 2,5 миң доллар жана 1000 сом жана өзгөчө эсептөөлөр боюнча 3,5 миң доллар жана 1000 сом деп эсептелген экен. Эми учак компания тандалган соң ушул бааны дагы түшүрүүгө аракет кылып учурда комиссия иштеп жатат. Жалпысынан каржылык эсептөөлөрдүн баары көзөмөлдө.

- Дагы эске алчу жагдай, Жогорку Кеңеш ажылыкты уюштурууну муфтиятка тапшырган соң мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун демилгеси менен "Ажылык жана умра" борбору аттуу орган алектенип жатты эле. Бирок соңку уламалар кеңешинин жыйынында бул орган жоюлган экен. Буга эмне себеп болду жана ажылыкты уюштуруу иштерин кайсы орган аткарып жатат?

- Чындыгында эле "Ажылык жана умра" борборунда иштеп жүргөн Чубак ажынын айланасындагы айрым адамдарга ишеним артылбагынан улам бул орган жоюлган эле. Ажылык уюштуруу боюнча бир нече комиссия түзүлдү. Муну менен катар учак компанияларын тандоо боюнча тендер өткөрүлгөн соң ажылыкты уюштуруу боюнча ИИМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын өкүлдөрү кирген атайын штаб өз ишин алпарат.

- Быйылкы ажылыкка барчулар жалаң гана учак менен барышы керек деген тартип күчүндө калтырылдыбы?

- Ооба, ал күчүндө, жалаң гана учак менен ажылыкка аттанышат.

- Сиз буга чейин быйылкы ажылык сапардын баасы төмөндөп, орун көбөйүшү мүмкүн деп убада берген элеңиз. Мындай мүмкүнчүлүк чындыгында эле болчудайбы же популисттик сөздөрдүн бири болуп калбайбы?

- Учак компаниянын тендер өткөрүлгөн соң ажалыктын баасын дагы бир жолу эсептеп чыгабыз. Албетте бул 2,5 миң доллардан баасы төмөндөйт. Ал эми квота боюнча биздин колубуздагы 4500 орунга дагы кошумча 500 орун алуу боюнча Сауд Аравиянын Ажылык министрлигине кат жазганбыз. Былтыр да кошумча 500 орун берген эле, быйыл да берет деп үмүттөнүп жатабыз.

- Эми ажылыкка барчулар кайсы күндөн тарта Мекеге аттана башташат?

- Быйыл сентябрдын аягы, октябрдын башынан тарта учак менен Мекеге сапар алат деп болжолдоп жатабыз.

- Рахмат.

Азык-түлүк тартыштыгы күтүлүүдө

Кошмо Штаттардын дыйканчылык аймактарындагы катуу кургакчылык дан азыктарынын түшүмүнө чоң зыян келтирүүдө.

Мындан улам дүйнөлүк базарда дандын баасы көтөрүлүүдө. Себеби АКШ дүйнөдөгү жүгөрү, буурчак жана буудайды эң көп саткан мамлекет. Адистердин айтымында, Кошмо Штаттарда азыркыдай ысык жай акыркы жарым кылымда боло элек болчу.

АКШнын Айыл чарба министрлигинин божомолуна караганда, келерки жылы азык-түлүктүн баасы өлкө боюнча 3-4 процентке кымбаттайт. Мээ кайнаткан ысыктан улам өлкөдөгү миңден ашык округда өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган.

26-июлга карай АКШнын үчтөн экисинде кургакчылыктын өкүмзорлугу жүрүүдө.
Кургакчылыктын кесепети АКШдан тышкы дүйнөгө азык-түлүк тартыштыгын алып келиши мүмкүн дешет серепчилер.

Роберт Томпсон мурда Дүйнөлүк банктын Айыл чарба жана элет жерлерин өнүктүрүү программасын жетектеген. Азыр Вашингтондун Жон Хопкинс университетинин изилдөөчүсү. Томпсон азыркыдай кургакчылык Америкада 100 жылда бир же эки ирет гана болот дейт:

- Бул жүз жылдыкта бир же эки жолу болчу кургакчылык. Бул адамдар күткөндөн бир кыйла оор сыноо. Мунун жүгөрүнүн жана буурчактын дүйнөлүк базарга таасири чоң болот.

Ысык менен коштолгон кургакчылык АКШда жыйналчу буудай менен жүгөрү үрөнүнүн 78 процентине таасир эткени турат. Буурчактын үрөнү 11 процентке аз болору эмитеден айкын болууда.

Дүйнөнүн өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрүндө буудай жана жүгөрү азык-түлүк, тоютка катар биологиялык отун ирети да колдонулат. Буурчак негизинен тамак-ашка жана тоютка керектелет. Ошон үчүн дан азыктарынын кымбаттоосу эттин баасын жогорулатышы шексиз.

Дүйнөлүк банктын эсебинче, июндун ортосунан бери дандын жана ундун наркы 45-50 процентке чейин өстү. Буурчак акыркы эки айда 30 процентке жакын кымбаттады. Бул Кыргызстанга да мүнөздүү көрүнүш.

АКШдагыдай кургакчылыкты, Дүйнөлүк банктын маалымдашынча, буудай өндүрүүчү Орусия, Украина, Казакстан сыяктуу өлкөлөр да башынан өткөрүүдө. Европаны, тескерисинче, жаан-чачын кыйноодо.

Рене МакГаффин - БУУнун Азык-түлүк программасынын басма сөз өкүлү. Бул ачкачылыкка каршы күрөштө адамдарга жардамдашчу дүйнөдөгү эң чоң уюшма.

МакГаффин айым кургакчылыктын кесепетинен Ооганстан, Эфиопия катар Иракта, Кыргызстанда да элди азык-түлүк менен камсыздоо кыйындарын айтат:

- Азык-түлүктүн бийик жана асмандап бараткан баасы Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк программасына жана биздин эң ачка, жарды дүйнөнү тамак-аш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүбүзгө эки жол менен таасир этет. Биз ачкалар үчүн тамак-ашты сатып алганга көп акча коротушубуз керек. Биздин эсептөөбүз боюнча, азык-түлүктүн ар бир 10 процентке кымбаттоосу ошол эле көлөмдөгү тамак-ашты сатып алганга жылына кошумча дагы 200 миллион доллар керек дегенди билдирет. Ошол эле учурда баанын жогорулоосу азык-түлүк жардамына муктаж адамдардын санын көбөйтөт.

Эксперттер АКШдагы кургакчылык дүйнөлүк базардагы азык-түлүктүн наркын өйдө көтөргөнгө чейин бир нече ай өтөрүн айтышат. Роберт Томпсондун сөзүнө караганда, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч тез-тез кайталанып турчудай:

- Климаттын өзгөрүүсүнүн натыйжасын жаратылышта улам күтүүсүз болуп жаткан экстремалдык жагдайлардан: катуу кургакчылыктан, эбегейсиз суу каптоолордон көрүүдөбүз. Эки жыл мурда Пакистанды суу каптады. Акыркы беш жылда Орусияда жана Австралияда олуттуу кургакчылыктар болду. Бул келип, дүйнөнүн айыл чарба базарына коркунучту күчөтүүдө.

Климаттын өзгөрүүсү азык-түлүк тартыштыгын жаратпаш үчүн, Томпсондун пикиринче, улуттук өкмөттөр суу ташкынга жана кургакчылыкка туруштук берчү үрөндүн сортторун өндүргөнгө каражатты көп инвестициялоосу абзел.

Байтиктиктер дүрбөлөңгө түштү

Уйгур ашканасы өз пейилиндей

Жалпы саны 11 миллиондон ашкан уйгур калкынын басымдуу бөлүгү Кытайды мекендейт. 50 миңдей уйгур эли Ала-Тоону өз Ата журтуна айландырган.

Уйгурлар дегенде эле бизге белгилүү тамактары менен кооз, шаӊдуу кафелери эске түшөт. Уйгурлар жамааты кыргыз коомчулугу менен камыр-жумур аралашып кеткен, ага жараша бул эл көп улуттуу Кыргызстандын ажырагыс бир бөлүгүндөй сезилет.

Советтер Cоюзу ыдыраганы бир катар улуттар башка өлкөлөргө ооп кетсе, уйгурлардын саны тескерисинче көбөйгөн. Статистикалык маалыматка ылайык алардын саны 1989-жылы 36 миӊдей болсо, азыр элүү миӊге жетет.

Уйгурлардын көбү Чүй облусунун Лебединовка менен Ново-Покровка айылдарында, Бишкектин чыгышындагы кичи микрорайондордо, Ысык-Көлдүн Караколунда жана азыраак түштүк аймакта жыш отурукташкан.

Бизге дал ушул Кыргызстанды өз мекенине айландырган уйгурлардын маданиятын, салт-санаасын билүү кызык болду.

Маданиятынын бөлүктөрү бизге таанымал болсо да, алардын салт-санаалары, жашоо-турмушу бул жерде кандай? Ушул максатка жетеленип, Бишкектин чыгыш ыптасында жайгашып, анда ар улуттун өкүлдөрү отурукташкан Лебединовкага айылчылап жөнөдүк.

Сый эткен чайдан башталат

Уйгурларда келген конок кут алып келет деп, анын кичүү-улуусуна карабай төргө өткөрүшөт. Сыйдын башы кесеге куюлган эткен чайды куюп, анын үстүнө нан тууроо менен башталат.

Селимам Анатаятова Лебединовка айылында турат. Өмүр бою өз айылынын өкмөтүндө кызмат кылып келатат, пенсияга чыгыптыр.

Селимам апа кыргызча өзүнүн жердештерине караганда таза сүйлөйт.

Эки тилдин жакындыгынан болсо керек, уйгурлардын дээрлик басымдуу бөлүгү уйгурча-кыргызча аралаштырып сүйлөшөт экен, ага жараша кыргыздар менен карым-катышта өзгөчө түшүнбөстүк деле сезилбейт.

Ал эми Селимам апа алгач өз элинин үйлөнүү үлпөтү тууралуу айтып берди:

- Сиздер сөйкө салуу деп коёсуӊар го, бизде үйлөнөм деген баланын атынан кыздын ата-энесине урматтуу карыялар барат, "кызыӊызды биздин балага бергиле" деп. Тигилер макул болгондо баланын ата-энеси экинчи жолу барат. Анан кыздын тарабы бизге "салык" салат: "мынча киши болот, мынча азык-түлүк керек" деп. Ушинтип өтөт.

Үйлөнүү үлпөт өткөндөн кийин, уулдун эшигинин алдында от жагып, уул-келин отту айланат. Уйгурлар ар кандай кырсыктарды от тазалайт, жамандык от менен кетет, жаңы үй-бүлөнүн жашоосу булутсуз болот деп ишенишет. Кыз жаңы үйдүн босогосун аттагандан кийин төркүнүнө жума сайын барып турат экен – башында күйөөсү менен кошо барса, кийинчерээк өзү деле бара берет.

- Бизде бешик той эле бар. Кызыбыз төрөгөндөн кийин ал ата-энесинин үйүндө кырк күн турат. Ал күндөр өткөндөн кийин баланын ата-энеси той өткөрүп, кызга, анын ата-энесине кийит кийгизип, ыраазычылыгын айтып, алып кетет.

Уйгурлар менен кыргыздардын салттары кээ бир өӊүттөрдө жакындашып кетет экен. Бирок андан айырмачылыктары арбын. Маселен, киши көз жумганда сөөк жаткан үйдө тамак жасалбайт. Келгендер өз үйүнөн тамак жасап келишет. Ал эми өлгөндүн туугандары тамакты маркум жерге берилгенден кийин гана жасайт.

Дүйнө жүзү боюнча азыркы тапта 11 миллиондой уйгур калкы жашаары айтылып келатат. Алардын басымдуусу – 9 миллиону – өз мекенинде, Кытайга караштуу Шинжаң-Уйгур автономдук районунда отурукташкан. Уйгурлардын кыйла бөлүгүн Түркиядан, Сауд Аравиядан жана Пакистандан, Орусиядан, Европадан жана АКШдан тапса болот.

Маданият унутулбайт

Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, уйгурлар ата замандан калган өнөр – соодагерчилик менен тиричилик кылышат. Азыр уйгурлар арасында мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон ишкерлер арбын, андан тышкары гуманитардык, мамлекеттик иштерге, юриспруденция, медицина тармактарында иштегендер да жолугат.

Уйгурлардын маданиятын, каада-салттарын сактоо, өркүндөтүү, жаштарды тарбиялоо жаатындагы иштерди негизинен "Иттипак" уюму жүргүзөт. «Иттипак» Кыргызстанда эӊ активдүү диаспоралардын бири болуп саналат. Атүгүл ал өзүнүн беш миӊдик нускадагы гезитин да чыгарат экен.

Акбаржан Баудунов
Акбаржан Баудунов
«Иттипак» гезитинин башкы редактору Акбаржан Баудуновдун айтымында, гезит уйгурлардын арасында өзгөчө популярдуу. Ал кирилл жана араб ариптеринин негизинде уйгур жана орус тилдеринде чыгат. Көбүнчө уйгур турмушундагы жаңылыктарды маалымдоо, агартуучулук, билим, илим жана маданият таануучулук багытты көздөйт.

- Гезитибиз Кыргызстандагы уйгурлардын жашоосу тууралуу, жергиликтүү жана дүйнөлүк жаӊылыктарды улуу муун үчүн уйгур тилинде чагылдырат, ал эми биздин жаштарыбыз үчүн каада-салт, маданият тармагындагы маалыматтар орус тилинде жарыяланат, анткени көбүнчөсү орус тилдүү.

Кыргыз уйгурлардын маданиятына «Интизар» ансамблинин салымы да зор. Он жылдык тарыхы бар ансамблдин жетекчиси Таир Хатбакиев таланттуу ырчыларды, музыканттарды чогултуп, тойлорго, маданий иш-чараларга катышып турушат.

- Мен үйрөтүп жаткан балдар көп. Бийчи жана ырдап жаткан кыздарыбыз бар. Ал эми музыкалык инструменттерибиз көп. Азыр болсо сатар, датар, тамбир деген аспаптарды көрүп турасыздар. Ага жараша ырчыларыбыз да көп.

Андай ырчылардын бири - Камалдин Хасымов. Камалдин ата махабат тууралуу бизге ырдап берди.

Биз билбеген тамактар

Мындай шаӊдуу ырлар менен музыка көбүнчө албетте уйгурлардын ширин жана бай жайылган дасторконунда болот. Дасторкон демекчи, дагы бир салтты айта кетели – тойлордо таттуу-паттуулар, нан эки кишиге бир подносто берилет. Селимам апа муну мындайча чечмелей кетти:

- Себеби дасторконго баары батпайт да. Анан конокторго ыӊгайлуу болсун деп, эки кишиге бир поднос беребиз, баарын салып. Сиздерде аягында пакеттерге дасторкондон салып берет го. Бизде болсо ошол подностун астында пакети болот: жешинче жейт, калганын үйүнө салып алат. Тамактарды болсо дасторконго эле коёбуз.

Эгер сиздер уйгурлардын тамактарын баарын кафелерде жеп жүрүп билем десеӊиз жаӊыласыз. Анткени уйгурлардын үйдө жайылган дасторконундагы дүр-дүйнө тамактарды, мисалы, мен кафелерде сейрек көрөм же көрө элекмин десем да болот.

Бишкектин чыгышында жайгашкан ар түрдүү уйгур кафелерине барып, белгилүү лагман, мампар, чучвара, самсадан тышкары, гөш нанды ооз тийип көрсөӊүздөр болот. Гөш нан уйгурчадан эт менен нан деп которулат. Кыргыздардын май токочуна окшош, айырмасы - ичине эт салынат.

Чоӊ тойлордо же сыйлуу коноктор келгенде үйдүн кожоюндары сүт куйулуп бышырылган өпкө, башкача айтканда кадимки эле кыргыз жасаган олово кесип коюшат. Ошондой эле койдун ичегисине ич этти туурап, күрүч, жашылча-жемиш кошуп салып, 40-50 мүнөт бышырышат да, жыты аңкыган, шилекей агызган ширин тамакты конок алдына коюшат.

Селимам апа айткандай, ар бир той патыр нан жана эткен чайсыз өтпөйт. Берүбүздүн башында эле эткен чай жөнүндө айта кеттик эле. Ал кандай даярдалат?

- Тойдун аягында конокторго эткен чай бербесеӊ, сенин тойуӊду той деп эч ким санабайт. Ал эми бул сыйкырдуу чай болсо кадимки сүт чайдай даярдалып, үстүнө туз менен каймак кошулат. Уйгурлардын арасында белгилүү суусундук, анын үстүнө ачка жүргөн адамдын курсагын да тойгузат.

Кыргызстандагы көп улуттун арасында мына ушундай маданияты бай, жайдары мүнөз уйгур журту бар. Уйгурлардын кары-жашы дебей, Кыргызстанды мекеним деп санап, айылчылагандары Кыргызстанга шашып, башка улуттар менен тууган-достук мамиледе жакшы жашоону сүрүүдө.

Баш кошту эки жаш...
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00
Түз линк

"Замандаш": Биригели, мекендештер!

“Замандаш” ассоциациясы 1-августта дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандыктардын башын бириктирген мекендештердин биринчи конгрессин өткөрөт.

Иш-чаранын уюштуруу комитетинин мүчөсү, “Замандаш” ассоциациясынын директорунун орун басары Айдар Олжобаев "Азаттыкка" маек курду.

- Адегенде сиздер уюштуруп жаткан конгресстин максаты жөнүндө айтып берсеңиз?

- Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандык жана мекендештердин конгрессин коомдук уюм катары уюштуруу максатында өткөргөнү жатабыз. Бул конгресс 1-августта башталып, эки бөлүк менен өтөт.

Биринчи бөлүгү Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Мында пленардык жыйындар болуп, өзөктүү документтер кабыл алынат. Ага ылайык үч документ кабыл алабыз деп пландап жатабыз. Алар бүткүл дүйнөлүк кыргызстандык жана мекендештердин конгрессин түзүү боюнча декларация, анын концепциясы иштелип чыгат жана бул органдын атынан кайрылуу кабыл алынат. Андан соң конгресстин экинчи, үчүнчү күнүндө иш-чаралар Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

- Конгресске кимдер катышат, канча өлкөдөгү кыргызстандыктар келмей болду?

- Ушул тапта кырк өлкөдөн коноктор чакырылды: 90го жакын диаспора, коомдук уюмдар, этно-маданий уюмдар. Булардын көпчүлүгү Орусия жана Казакстанда түзүлгөн. Муну менен катар расмий каттоодон өтө элек, бирок жамаат түрүндө иштеген 15 уюм келатат. Булар АКШ, Европа, Океаниядагы өлкөлөрдөн.

Ошол эле учурда Кытай, Түркия, Ооганстандагы этникалык кыргыздар жана Кыргызстандагы коомдук уюм, бирикмелердин өкүлдөрү катышат. Жалпысынан 800 конок чакырганбыз, 1-августка булардын баары эле келебиз деп каттоодон өтүштү. Алардын 500ү чет өлкөдөн, калгандары Кыргызстандан катышат.

- Буга чейин деле кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы сыяктуу ири иш-чаралар өтүп келди эле. Бул конгресс ал курултайлардан эмнеси менен айырмаланат?

- Биз жалгыз гана кыргыздары чакырып албай, "тарыхый мекеним - Кыргызстан" деген бардык мекендештерди чакырып жатабыз. Көп улуттуу, бирок биздин өлкөнү өз мекени эсептеген адамдарды башын кошо турган конгресс.

- Сиздин айтууңузга караганда, кыргызстандык конгресс расмий түрдө түзүлөт экен. Бирок бул Кыргызстанда адатта түзүлүп, бирок иши менен айырмаланбаган көп уюмдун бири болуп калбайбы? Дегеле четте жүргөн мекендештерибиз кандай жардам көрсөтө алышы мүмкүн?

- Жок, андай көп уюмдун бири болуп калбайт. Себеби муну өз мойнуна алып жаткан “Замандаш” ассоциациясы деле алгач уюштурулган учурда 13 эле уюмдун башын бириктирген уюм болсо, азыр курамында 67 уюм бар. Анан ошол уюм, диаспоралардын баары конгресске мүчө болгону жатат. Мунун негизинде иш жүзүндө жыйынтык бере турган конгресске айланат деген ишеничибиз бар.

Экинчиден, чет өлкөлөрдө Кыргызстанга жардам берсем деген кыргызстандыктардын саны абдан эле көп. Биз былтыр өкмөткө инвестициялык фонд түзүү демилгесин көтөргөнбүз. Анда четтеги кыргызстандык жеке ишкерлерди мамлекет менен өнөктөш катары инвестиция тартууга негиз түзүү. Мына ушул демилгени конгрессте да көтөрүүгө аракет кылабыз. Мындан сырткары деле тикелей же кыйыр инвестиция тартып, же өз интеллектуалдык көрөңгөсү менен Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү каалаган мекендештерибиз абдан эле көп.

- Адатта мындай иш-чаралар мамлекеттеги бир идеологиянын алдында өткөрүлөт. Анан мындай жалпы ишти “Замандаш” ассоциациясы өз мойнуна алып, өз атынан иш жүргүзүшү канчалык деңгээлде туура?

- Суроонун өзөгүн түшүндүм. Негизи бул конгрессти биз эле уюштурган жокпуз. Жаңыдан демилгени көтөргөндө эле президенттик администрацияга кайрылып, алар менен макулдашып, анан ишти алып барып жатабыз. Ошондуктан бул ишти жалгыз уюмдун атын чыгаруу үчүн кылган иш эмес, жалпы мамлекет жана коомчулук уюштуруп жаткан иш деп атасак туура болот.

Арзан үй... азырынча кыялда

Кыргызстанда учурда 100 миңден ашуун үй-бүлө турак жайга муктаж жана анын ичинен 20 миңге чукулу өз үйүнүн жоктугунан көчүп-конуп, жатаканада жана ижарада турушат.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Элдик талапкерлер тобунун жетекчиси, коомдук байкоо кеңешинин мүчөсү Жеңишбек Шакиралиев, Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жарандык курулуш департаментинин директору Урмат Көкөчаров жана “Үй куруучулар” партиясынын лидери, саясатчы Бейшенбек Абдырасаков.

“Азаттык”:
Мамлекет кол жеткидей турак жай куруу маселесин кандай чечип жатат? Өкмөт сунуштаган бир чарчы метрди 360 доллардан 540 долларга чейин бааланып жаткан, 18 шаарда курулчу “Жеткиликтүү турак жай” программасы ишке кириштиби?

Урмат Көкөчаров: Бул программанын аткарылышына Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги жана департамент өз сунушубузду бергенбиз. Сунуштар азыр каралып жатат. Макулдашуулар бүткөн соң программаны өкмөттүн талкуусуна алып чыгабыз.

Программа даярдалып жатканда 2-3 жерди тандап, көрсөткөнбүз. Азыр анын документтери такталып атат. Негизги көйгөй - инженердик-коммуникациянын жетишсиздиги. Бул боюнча атайын мамлекеттик ишкана түзүлүп, “Ала-Тоо курулуш” деген мамлекеттик ишкана түзүлгөн. Жерди курулушка даярдоо иштерин ушул ишкана алып барууда.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






“Азаттык”: Өкмөт сунуштаган программада жеңилдетилген үйлөр оболу мамлекеттик кызматкерлерге, мугалимге, дарыгерге, ВИЧке чалдыккандарга, жаш үй-бүлөлөргө берилет экен. Бирок Кыргызстандагы айлык менен бир чарчы метри 360 доллардан 540 долларга чейин бааланган үйдү алуу деле кыйынга турат го?

Бейшенбек Абдырасаков: Бул чоң маселе, көп жылда чечиле турган иш. Союз тарагандан берки 20 жыл ичинде мамлекет тарабынан турак жай салынбай калды. Ал кезде бир сезондо бир кичирайон курулуп калчу. Алардын акыркылары - Тунгуч, Учкун, Жал. Азыр 20 жылда 5-6 эле үй курулду.

Кыргызстанда 200 миңдей киши үй-жайсыз жашайт. Азыр үй салыш да кыйын. Курулуш материалдары да кымбат. Учурда буга окшогон долбоорлор, программалар бар. Документте баары жакшы, бирок эч нерсе аткарылбай жатат.

20 жыл ичинде Казакстан Астана деген шаарды куруп койду. Биз 70 жыл топтогондун баары талкалап жок кылдык. Эми кура турган убак келди. Ал үчүн мыйзамдарды жакшылап иштеп чыгыш керек. Курулуш материалдарын арзандатып, салыктарды алып салыш керек.

Жеңишбек Шакиралиев: Азыр өкмөттүн программасы жаса элек. Учурда батирдин бир чарчы метри миң доллардан ашып кеткен. 2007-жылы кабыл алынган улуттук программада бир чарчы метри 7 миң эле сом болчу. Ошондуктан азыр 300 доллардан ашпаш керек. Бул маселе боюнча талкууларды дагы улантыш керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG