Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:31

Кыргызстан

Ырыскелди үмүтүн үзбөйт

Өткөн жылы Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөктү алмаштыруу операциясы жасалган. 20-январда Беларустун дарыгерлери Кыргызстанга келип, дагы 5 кишиге донордун бөйрөгүн салат.

Алардын арасында экөө - балдар. Операцияны чет өлкөдөн 35-40 миң долларга жасатканга каражаты жок отурган 11 жаштагы Ырыскелдиге 7,5 миң долларга атасынын бөйрөгү салынмай болуп жатат.

Беларустан келаткан дарыгерлер бөйрөгү иштебей калган беш кыргызстандыктын бөйрөгүн алмаштырып беришет. Бул тууралуу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев айтып берди.

- Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бекитилген сумма бар. Операция болжол менен 7,5 миң долларга жасалат деп жатабыз. Дарылардын баары ошонун ичинде болот. Минскте мындай операцияга 50 миң доллар кетет экен. Анан врачтарга берилчү гонорар бар, балдардан ал алынбайт.

Кыргызстанда органдарды алмаштыруу борбору бар. Орган алмаштырууга 7-8 жыл мурда уруксат берилгени менен, былтыркыга чейин шарт жоктугунан андай операциялар жасалган эмес. Өткөн жылы Кыргызстанда алгачкы жолу чет өлкөлүк дарыгерлер бир кишинин бөйрөгүн акысыз алмаштырышкан. Андан кийин мындай операция дагы үч кишиге жасалган. Органдарды алмаштыруу борборунун директору Талгат Осмонов буларды билдирди:

- Бизде бир тууган жана ата-эненин бөйрөгүн салууга гана уруксат берилген. Азыр алыс туугандарын донор кылам дегендер келип жатышат, бирок биз мыйзамдан чыга албайбыз. Ал эми башка өлкөлөрдө жол кырсыгында каза тапкандардын органын алса болот, бейтааныш адамдардыкын сатып алышат.

Азырынча Кыргызстандын менчик клиникаларында органдарды трансплантациялоого уруксат жок. Мындай чектөө орган бизнесин алдын алуу максатында киргизилген.

Эртең-бүрсүгүнү жакындарынын бөйрөгү салына тургандардын арасында президент 250 миң сом берген 15 жаштагы Алманбек Рахматуллаев бар. Ал Түркияда 35 миң доллар турган операцияны Бишкектен жасатмай болууда. Экинчи бала - 11 жаштагы Ырыскелди Камчиев.

Биз Ырыскелдини ооруканага жаткырар алдында үйүнө барып кабар алдык. Ырыскелди врач болгусу келет экен:

- Медициналык билим алгым келет. Кийин саламаттык сактоо министри болсом дейм. Ал үчүн биринчи окуш керек, көп эмгек кылыш керек.

Апасы Бумайрам Юсупова баласынын ден соолугу болсо, келечектен көптү үмүттөндүрөт дейт:

- “Чоңойгондо жердин алдынан ар бир айылга жете турган жол салам, жердин үстүндөгү жолдордун баарын башкача шаар кылам” деп калат. Ага көп каражат керек, Кыргызстанда аны жасаганга болобу десем, “мен чоңойгонго чейин жакшы болуп калат” дейт. Өзү жакшы гана тилек кылат. Мектептен жалаң "5" алып келчү. Ата-энелер чогулушунда менин баламды гана үлгү кылышчу. Класс жетекчиси келип, "жакшы окугандан көрө ден соолугуң эле чың болуп жүрсөң болмок" деп ыйлап кетти.

Ырыскелди бир жылдан бери мектепке барбай калды. Эки бөйрөгү тең соолуп баратканын врачтар айтышкан. 2004-жылдан бери бир нече операцияны башынан өткөрдү. Ырыскелди 2004-жылы ооруп калганда ата-энеси Чоң-Алайдан борборго алып келген. Андан бери шаарда турушат.

Ырыскелдинин ата-энеси Пакистанда сунушталган 35-40 миң долларлык операцияга каражат табуудан үмүтүн үзүп койгон эле. Эми минтип 7 жарым миң долларга Кыргызстанда атасынын бир бөйрөгүн салууга мүмкүн болуп турат. Бирок учурда жумушсуз, шаар четинде батирде жашап жаткан бул үй-бүлө үчүн аталган сумманы да табуу кыйын болуп жатат. Ал эми Беларустун дарыгерлери ушул аптанын соңунда саналуу гана күнгө келишет.

11 жаштагы бала келечекке илгери үмүт менен карайт:

- Жакшы болуп кетсем классташтарым менен окугум келет. Ошого бир аз жардам берип койсоңуздар жакшы болот эле.

Ырыскелдиге бул сөздөрдү эч ким үйрөтпөйт. Үй-бүлөсүндөгү абалды баарынан жакшыраак түшүнгөн бала университетти кызыл диплом менен бүтүрөм деп самап, Кыргызстан кийинки олимпиададан медаль алып келсин деп тилейт экен. Ал бильярдчы Каныбек Сагынбаевди кумир тутат. Анткени анын Кыргызстандын желегин бир нече жолу дүйнөгө желбиреткени сыймыктандырат экен.

Ырыскелдиге жардам бергиси келген кайдыгер эмес адамдар үчүн маалымат:

Бишкек, "РСК" банкынын Чүй филиалы
Банктагы эсеби 1290042120020073
Банктагы идентификациялык коду 129004
Төлөм түрү ЛС И-00198

Юсупова Бумайрам Ражабовна, тел: 0 554 17 66 65, 0 555 80 08 54

Адам өлбөс болсочу…

Мындан бир аз баштараакта америкалык атактуу Science журналына жарыяланып, кийин Лондондон чыккан The Guardian гезитине кайра басылган бул макаланы мен убагында атайылап көчүрүп алып, бирок “Азаттыктын” окурмандары менен бөлүшө элек элем. Сыягы, бүгүн ошол сөздүн кыябы келип тургансыйт. Анын үстүнө жаңы жыл капыл-тапыл кирип келип, эски жыл эми эле ирегебизден ары узаган убакта айла жок убакыттын учкулдугу, өмүрдүн кыскалыгы, мезгилдин кайрымсыздыгы тууралуу терең ойлорго баары бир кетпей койбойт экенсиң.

Эми макала тууралуу. Омоктуу илимий тыянактар менен жабдылган, физика илиминин эң соңку табылгаларына таянган бул макалада адам баласы каза тапканда анын алты саны гана, б.а. сөөгү, денеси гана өз жашоосун токтотуп, бирок анын руху, төл тилибиздин сөз байлыктары менен айта турган болсок - чымындай чыркыраган жаны, же болбосо арбагы эч качан өлбөй тургандыгы тууралуу илимий теорияны ортого салды.

Албетте, адам баласынын руху, анын элеси, дагы эне тилибиздеги сөз менен айта турган болсок “арбагы” эч качан жоголбой турганы тууралуу мифтер, ар кыл диний мистикалык ишенимдер атам замандан бери эле жашап келе жатат, дагы да жашай берет, бирок ошол байыртан бери акыл-оюбуздан, дитибизден эч качан чыкпай келген мистикалык ишенимдин эми олуттуу илимий-теориялык негизде талкууланып жатышы чынында атайылап көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес нерсе го.

Эми макаланын маани-мазмунуна кыскача токтололу. Албетте, макалада эч кандай “рух” же “жан”, же болбосо “арбак” деген сөз жок. Макала чыны менен абдан жогорку илимий деңгээлде, кенен теориялык аспектте жазылган экен. “Биз, адамдар, -деп жазат The Guardian, - өлүм дегенден баарыбыз эле коркобуз. Себеби биз өлүм, ажал деген нерсе маңдайыбызга бекем жазылган, эч качан качып кутулбай турган нерсе экенине толугу менен ишенип алганбыз. Экинчи жагынан, биз өз жаныбызды денебиз менен, тулку боюбуз менен бир тутумда, эч бир ажыралгыс биримдикте кылып карап көнүп алганбыз. Демек, жаныбыз денебиз менен чогуу жашайт, денебиз өлсө - жаныбыз аны менен кошо жок болот деп ойлойбуз.

Ырас, дене деген нерсе чынында да бир мезгилде өз жашоосун токтотот, өлөт. Бирок жаңы илимий теория боюнча дененин физикалык жана биологиялык жаткан жашоосун токтоткону - эч качан адамдын жаны да ошо менен кошо жок болуп кетээрин түшүндүрбөйт экен” - дейт англис гезити The Guardian. Көрсө, кванттык физиканын мыйзамдары боюнча көп эле кубулуштарды көз менен көрүп же акыл менен баамдоого мүмкүн боло турган болсо, айрым кубулуштарды эч качан алдын алып болжолдоого мүмкүн эмес экен жана алар ар бир жолу ар башкача баамга урунат экен. Муну физиктер “көп түрдүү дүйнө” (the “many-worlds”) деген маани менен түшүндүрүп, бул кубулушту “биоцентризм” деген термин менен туюнтуп жатышат. Башкача айтканда, бул жарыкта канча жандуу зат болсо, ошончо дүйнө бар экен.

Адамдын денеси жашоосун токтотсо да, анын жаны эч качан өлбөйт деген теориянын негизги эксперименталдык таянычы төмөнкүдөй. Биздин аң сезимибизде, тагыраак айтканда, мээбизде бала кезден бери орноп калган, жашап келген “Бул - Менмин” деп жарк эткен сезим, электрдик заряды 20 гана ватт менен өлчөнгөн мээбиздеги энергия болуп эсептелет. Ал энергия эч качан өз жашоосун токтотпойт, эч качан сөөгүбүз менен кошо жок болуп кетпейт. Анткени физиканын эң негизги жана айныксыз закондорунун бири - энергиянын сакталуу закону болуп эсептелет, дейт The Guardian.

Демек, ар бир адамдын жылт эткен ой же жарк эткен аң сезим түрүндөгү “Бул - Мен!” деген рухий энергиясы, биздин жөнөкөй тилде айтканда “жаны”, дагы синонимдерге бай эне тилибиздин сөз байлыгы менен сүйлөсөк “руху”, а балким “арбагы” эч качан жок болуп кетпейт. Бул теория жаралганына анча деле көп убакыт боло эле элек, бирок анын тегерегинде эмитен эле окумуштуулардын чоң тобу жыйнала баштады, дейт биз шилтеме берип жаткан The Guardian гезити.

Мен, маселен, бул макаланы окуганда атактуу ырчы Токтогулдун:

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.

Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу,
Жигит менен кыз өлсө
Жерге көмбөс болсочу - деген классикалык саптары эске түштү.

Чынында да адам баласынын улуу руху болбосо, күчтүү айтылган сөз, ак бата, осуят же керээз түрүндөгү ата-бабаларыбыздын ысык илеби, шарапаты бизге тийбесе, эртели-кеч сыйынган ата-бабалардын арбактары болбосо биз башка жан-жаныбырлардан кантип айырмаланат элек? Кантип муундан-муунга өткөн тарыхый эстутумубузду сактап калмакпыз?

Альберт Эйнштейн, атактуу салыштырмалуулук теориясынын автору, бир жакын досу каза тапканда: “Досум ушул таң калычтуу дүйнөдөн башка жакка менден бир аз гана эртерээк жылып кетти. Бирок бизди эч ким ажырата албайт. Бизге окшогон адамдар кечээги өткөн өтмүш, келечек жашоо же болбосо азыркы учур деген нерсе акылыбызга бекем орноп калган гана бир ишеним гана экенин жакшы билебиз го” -деген экен.

Альберт Эйнштейн эле эмес, биздин улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун да кудум ушул темага карата атайылап жазгандай ыр саптары бар:

Турмушта мен өтпөдүм - өмүрүм өттү,
Мен ага жолдош болуп ээрчип келдим.

Таң калаарлык саптар! Эгер ушул саптардын данегин чагып, тереңдеги маанисин чечмелей турган болсок, Алыкул акын “өмүр” дегенди негизинен убакыт-саат менен өлчөнгөн мезгил аралыгы катары гана карап, ал эми өз рухун, жанын ошол рухту алып жүргөн тула боюнан, дене жашоосунан өзүнчө бөлүп караган экен.

Айтор, The Guardian гезитиндеги адам жаны, жана анын болгону 20 ваттык физикалык энергия түрүндөгү руху эч качан жок болуп кетпей турганы, аалам койнунда түбөлүк жүрө бере турганы тууралуу сенсациялуу макала азыр илимий чөйрөдө кызуу талаштарды туудуруп, ар түрдүү божомолдорду жаратып жаткан кези.

Үч-Коргон: аралаш окутуунун түйшүгү

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл округундагы тажик тилдүү мектептер китеп тартыштыгынан улам аралаш тилде окутууга өтүп жатат. Калкынын 60 пайыздан ашуунун тажик тектүү жарандар түзгөн бул аймакта толук тажик тилинде окуткан мектеп жок.

Манзура Хасанхожаева Садридин Айни мектебинде тажик тилдүү класстарга биология сабагынан билим берет. Ал күн сайын кыргызча китептерди тажик тилине которуп, сабакка даярданат экен:

- Тажик тилинде окуп жаткан окуучуларга Кыргызстандын программасы менен чыгарылган китептер жок. Китепканадагы эски китептерди пайдалануу менен сабак өтөбүз. Мен күнүгө кыргызча китептерди тажикчеге которуп, конспект жазам, аны окуучуларга айтып берем. Бул ыкма мугалимдер үчүн да ашыкча эмгек. Айласыздыктан жасалган жумуш. Эгер окуучулар өзүнүн эне тилинде жазылган китептерден билим алышса, алар үчүн алда канча пайдалуу жана жеткиликтүү болмок.

Калкынын 62 пайызын тажиктер түзгөн Үч-Коргон айыл округунда 10 мектеп бар. Алардын бири кыргыз тилдүү, калганы аралаш – тажик-кыргыз, тажик-орус, тажик-өзбек тилдеринде окутат.

Китеп тартыштыгынан улам мектептерде Тажикстандын окуу программасына ылайыкталып чыгарылган китептерди пайдаланууга мугалимдер аргасыз.

Башталгыч класстагы тажик тилдүү окуучулар Алиппеден башка сабактарда кошуна өлкөдөн чыккан китептерди колдонушат. Китептердин биринчи бетинде президент Эмомали Рахмондун сүрөтү берилген. "Азаттыктын" кабарчысы Айни мектебинин 4-классындагы окуучуларга ылайыкташкан “Забони модари”, кыргызча айтканда “Эне тили” китебиндеги Тажикстандын лидеринин сүрөтүн көрүп, окуучуларга суроо узатты:

- Бул сүрөттөгү киши ким?
- Эмомали Рахмон.
- Ким болуп иштейт?
- Тажикстандын президенти.
- Кыргызстандын президентин ким?
- Алмазбек Атамбаев.

Аймактагы мектептердин биринде 8-класста окуган, атын атагысы келбеген кыз китептин тартыштыгы жана аралаш окутуу ыкмасы билим алууга кедергисин тийгизерин айтты:

- Эгер башынан эле аралаш окуп келсек, анда кыйналмак эмеспиз. Мектепке кирген учурда эле аралаш окутса, анда башка кеп. Башында биз тажик тилинде гана билим алганбыз. Азыр кыргызча, өзбекче китептерди окуп жатабыз. Көп сөздөрүн түшүнбөйбүз. Мен аралаш окутууга каршы эмесмин, кыргыз, орус, англис тилдерин мектептен эле үйрөнүп алсак өзүбүзгө жакшы. Бирок аны башынан эле ошентиш керек болчу, мектепти бүтүрөйүн дегенде аралаштырып салбай...

Бул жерде акыркы эки жыл аралыгында мектептерде аралаш тилде окутуу ыкмасы күчөгөнүн жергиликтүүлөр айтышты. Айрыкча дээрлик ар бир мектеп орус, кыргыз тилдүү класстарды ачууга кызыкдар болуп жатыптыр. Буга ата-энелер да макул.

Өзүн Илхомжон деп тааныштырган мырза мунун себебин 2010-жылы Ошто болгон улуттук араздашууга байланыштырат:

- Биздин айылда мурда өзбек тилинде окуткан мектептер көп болчу. Азыр деле мектептердин басымдуу бөлүгүндө өзбекче билим беришет. 2010-жылдагы окуядан кийин ата-энелер балдарын орус тилинде окутууга кызыкдар болуп калышты. Мен деле уулумду өзбек класстан чыгарып, орус класска бердим. Тажик тилинде окусун десең, китеп жок. Кыргыз тилинде окутайын десек, мугалимдер аз.

Үч-Коргон айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу Хакимжон Сулайманов калктын көпчүлүгүн тажиктер түзгөн бул аймактагы мектептердин окутуу тилин өзгөртүү туура эмес деген пикирде:

- Бул маселе аябай татаал. Тажик балага орусча окуйсуң деп буйрук берүү туура эмес деп эсептейм. Анын ордуна Кыргызстандын программасындагы китептерди тажикче которуп, басып беришсин. Кыргызстандын тарыхын, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын биздин балдар өз эне тилинде окуса, мунун эмнеси жаман? Кыргызча китептер бар, ошолорду эле тажик тилдүү адистерге котортсо жакшы болмок.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, буга чейин толугу менен тажик тилинде сабак берген Рудаки жана Айни мектептери азыр тажик-өзбек-орус-кыргыз тилдеринде окута баштаган.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырхалидин Ганыбева мектептердин аралаш тилдерге өтүп жатканында эч кандай саясий себеп жоктугун айтты:

- Бул ата-энелердин эле каалоосу. Мында эч кандай мажбурлоо болгон эмес. Азыр ата-энелер балдарын орус же кыргыз тилинде окутууга кызыкдар болуп жатканынын төмөнкүчө себептери бар: мектепти бүткөндөн кийин баласы окууну улантыш керек, алар Тажикстанга же Өзбекстанга барып окубайт да, Кыргызстандын эле жогорку окуу жайларына барышат. Демек аларга кыргыз, орус тили керек. Рудаки, Айни мектептери мурда 100 пайыз тажикче окуткан деген маалыматтар да туура эмес, бир топ убакыттан бери эле аталган мектептерде аралаш окутулат.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, учурда тажик класстар 51 пайыз гана китеп менен камсыз болгон. Бирок мугалимдер бул көрсөткүч мындан да төмөн болушу мүмкүн деген пикирде.

Айни атындагы мектептин директордун орун басары Хайдарали Ёдгоралиев тажик класстар үчүн Алиппе Кыргызстандын программасы менен өткөн жылдан тарта чыгарыла баштаганын айтты:

- Тажик класстар үчүн Алиппени биздин мектептин мугалими Хурматхон Ахмедалиева жазды. Ал Билим берүү министрлигинин уруксаты менен басмадан чыгып, азыр балдар ошону пайдаланышууда. Бизде негизинен Кыргызстандын программасына ылайыкташкан Тажик тили китеби жетишсиз. Физика, Биология, Кыргызстан тарыхы, Кыргыз тили жана адабияты сабактарын кыргызча китептерден которуп окутууга аргасызбыз.

Хакимжон аке мени текшерүүчүдөй кабыл алдыбы, айтор “окуучуларыбыз кыргызча жакшы билет” деген сөздү улам-улам кайталап жатты. Алдын ала тапшырма бердиби, же эрежелери ошондойбу, кайсы гана класска кирбейли, окуучулар саламдашкандан соң дароо эле Кыргызстандын гимнин ырдап жатышты.

Блейк: Борбор боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк 17-январда Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмеге катышкан соң Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Эрнест Оторбаев менен чогуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Роберт Блейк “Манастагы” жүк ташуучу борбордун тагдыры, Кыргызстан жана АКШ ортосундагы экономикалык байланыш жана этностор аралык мамилелер тууралуу сөз сүйлөдү.

“Мен кыргыз бийлигин 2010-жылы болгон июнь коогалаңынан кийинки кырдаалды жакшыртуу боюнча активдүү иштөөгө чакырам. Кыргызстандын улуттар аралык мамилелер боюнча компонентти Улуттук стратегияга кошкону өтө кубандырат”, - деди Блейк.

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстан жана АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтык тууралуу да сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады.

“1992-жылдан тарта АКШ Кыргызстанга 1,3 миллиард доллар жардам иретинде берген. Бул “Манас” аэропортунда жайгашкан жүк ташуучу транзиттик борборду кошпогондогу сумма. Былтыркы жылдын эсебинен Америка Кыргызстанга жардам иретинде 40 миллиондой доллар берди. “Манасттагы” транзиттик борбор өзүнчө 200 миллион доллар төлөдү”, - деп баса белгиледи Блейк.

Кечээ Роберт Блейк Кыргызстандын президенти, премьер-министри жана вице-премьер-министри менен жолугушкан. Президент Алмазбек Атамбаев жолугушуу учурунда антитеррордук күчтөрдүн транзиттик борбору тууралуу келишим 2014-жылы аягына чыгарын дагы бир жолу эскертип, “макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң, «Манас» аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес”, - деп билдирген.

Бүгүн Роберт Блейк “Атамбаевдин “Манас” аэропортунда транспорттук түйүн түзүү сунушун түшүнүү менен кабыл алабыз” деп жарыялады.

“Учурда “Манаста” жайгашкан транзиттик борбордун тагдыры тууралуу сүйлөшүүлөр дагы деле уланууда. Бирок алдын ала божомолдорду же аягына чыга элек сүйлөшүүлөр тууралуу сөздөрдү айтуудан алысмын”.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы Роберт Блейк мырзага “АКШ Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн территориясынан “Манастагы” транзиттик борборго альтернатива издейби?” деген суроону узатты.

“Өткөн аптада президенттер Барак Обама жана Хамид Карзай жолугушту. Алар эки тараптуу коопсуздук боюнча макулдашууну талкуулашты. Ал макулдашуу боюнча Ооганстанда канча америкалык жоокер калаары такталууда. Макулдашууга кол коюлганда, Ооганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү объекттер боюнча суроого жооп берсе болот”, - деп жыйынтыктады Роберт Блейк.

Ушуну менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейктин Кыргызстандагы иш сапары аягына чыкты.

Талас: Эх, көк жылгаяк

Талас: Эх, көк жылгаяк
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Эми дары-дармек кымбаттайт

Кыргызстанда фармацевттер чет өлкөдөн алынып келинген дары-дармекке кошумча салыктын киргизилиши менен баалар 20% кымбаттап, калктын калың катмарынын дары сатып алууга чамасы жетпей калат дешет.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: "Аквамед-Тек" компаниясынын жетекчиси, Фармацевттер ассоциациясынын мүчөсү Эрнис Асанов жана Дары-дармек, медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы Жумакан Урмамбетова.

“Азаттык”:
Жыл башынан тартып бул мыйзам күчүнө кирди. Сиздер бул маселени өкмөт өкүлдөрү менен талкуулаганга даярбыз деп жатасыздар. Эмнеге мыйзам ишке кире электе бул маселени көтөрүп чыккан жоксуздар?

Эрнис Асанов: Баанын кымбаттап кетерин жана кошумча нарк киргизилерин биз билген да жокпуз. Өкмөт менен бул маселени талкуулаганга да мүмкүн болгон жок. Бул бизге "жаңы жылдык белек" болду. Эгер буга чейин айтылып, талкууласак өзүбүздүн кошумчабызды киргизет элек.

Дары алып келгенде транспорт чыгымы, бажыдагы чыгаша, сертификацияга кеткен каражат эсептелип отуруп жок дегенде салык 12-20% чейин жетет. Андан сырткары бул жактагы чыгымдар, айлык акыны эсептеп отуруп бир дары 50% чейин кымбатташы мүмкүн.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстанга дары-дармектин көпчүлүк бөлүгү Индия, Орусия, Франция, Кытай, Пакистан, Венгрия сыяктуу өлкөлөрдөн келет да. Дарылардын сапатына көп доомат, сындара айтылат? Алардын сапатын ким көзөмөлдөйт?

Жумакан Урмамбетова: Мамлекеттик саясат боюнча сапатын көзөмөлдөө ишин биздин департамент алып барат. Негизинен мамлекеттик каттоодон өтүп, чет өлкөдөн алынып келинген ар бир дары сертификациядан өтөт. Экспертизадан тышкары лабораториядан сапаты аныкталып чыгат.

2003-жылдан бери өлкөгө дары-дармектин кириши жылдан жылга көбөйүүдө. Ошондой эле бир жылда сапатына ылайык келбейт делип 18,5 млн. сомдук дары базарга чыккан жок.

Шахматчылар мунасага келди

Шамалды-Сайдагы жоокерлер бош убактысында шахмат ойношууда.

Кыргызстанда ушул кезге чейин бири-бирин тааныбай келген эки шахмат федерациясы биригүүгө ниеттенүүдө. Адистердин баасында, шахмат жетекчилигиндеги араздашуулар бир кезде мыкты таланттарды берген өлкөдө спорттун бул түрүн кризиске камап салды.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Шахмат федерациянын вице-президенти Нурдин Самаков, экинчи Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, Дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлү Канат Арпачиев.

“Азаттык”: Чакан Кыргызстан үчүн эки шахмат федерациясы бар. Ар кандай оюндарга өз-өзүнчө катышып жүрөсүздөр. Шахмат жетекчилигиндеги араздашуулар өлкөдө спорттун бул түрүн кризиске камап салды деген пикирлер бар. Талашканыңыздар эмне?

Нурдин Самаков: Ооба, бүгүнкү күндө эки шахмат федерациясы бар. Талашкан деле чоң нерсе жок. Экинчи федерацияны түзгөн Миландын биздин федерациядагы айрым адамдардын көз карашы менен түз келбей, түшүнө албагандыктан өзүнчө кеткен. Алар өз максаттарын, пландарын өзүнчө ишке ашырууга белсенген.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 71-орунда турат. Тилекке каршы азыр бизде жогорку наамдагы шахматчылар жок. Дүйнө, Азия чемпионатына чыгып, шахматчылар ойноп турушат. Бирок машыктыруу жок болгондуктан жакшы ийгиликтерге жетишпей жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Милан Турпанов: Ачыгын атканда бул принципиалдуу маселе болууда. Эки федерация болгон менен эли бир эле. Бөлүшө турган эч нерсебиз жок. Негизи бардыгы мыйзамга ылайык жүрүшү керек.

2009-жылы курултайда Кыргыз шахмат федерациясы Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы деп аты өзгөрүп, республикалык макам берилсин дегенбиз. Тилекке каршы 15-20 киши өздөрүн президиум деп атап, бул чечимди аткарышкан жок. Ал эми 2010-жылы республикалык чемпионатта оюнчулардан 200 сомдон чогултуп алышкан. Аны калыстарга деп айтышкан. 20 киши 10 миң сомду бир жылда таба албагандан кийин эмне деген нерсе?!

Кудай буйруса биригебиз. Биз сырттагы адамдарды карабай, жакында боло турган курултайда элге программа менен чыгып, эл чечиш керек. Анан ошол чечимге баш ийишибиз керек.

Канат Арпачиев: 2006-жылы ар бир федерацияны аккредитациядан өткөрүү боюнча токтом чыккан. Кайсы федерация каттоодон өтсө, ошол менен иштешибиз керек. Эми экөө биригип иштеш керек. Анткени бирөө бизден каржылык жардам алса, экинчиси албай калышы ыктымал. Өздөрү отуруп чечишип алышы керек.

Шахмат өнүкпөй жатат дегенге каршымын. Жаманбы, жакшыбы эки федерация иш жүргүзүп жатат. Союз убагында шахматты жакшы көтөргөн кишилер бар эле. Азыр эми ынтымакка келип, бирге иштемейин бул жарака сыяктуу болуп, өнүгүү болбойт.

Апрель сотундагы сурак: элди Жаныш Бакиев аттырган

Жарык көргөн гезиттер өлкө ичиндеги саясый-социалдык маселелерди чагылдырууга басым жасады.

“Арена.kg” гезити “Эл үнү” коомдук кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун “Ажо көзөмөлгө алчу маселелер андан да көп” деген ат менен берген интервьюсунда “Ата Түрк” паркындагы бирөөнүн үйүн Бекназаровдуку деп көрсөтүп коюшканын, дагы ушул өңдүү жалган жалааларды жаба баштаганын, эгер чындап эле шектенсе камай берсе да макул экенин, корко турган эч нерсеси жоктугун айтуу менен президент аны менен башында кеңешип жүргөнүн, кыскасы Атамбаевдин жанында бүгүн төшүн окко тосуп, бийликтин азап-тозогун тарткандар эмес, бакиевдер менен табакташ болгон Жантөрө Сатыбалдиев баштаган кишилер, 20 жылдан бери сиздики туура деп колтукка киргенге ыңгайлашып алгандар жүргөнүн айтты.

Кабарчынын “Жылдыз Жолдошева сот залынан “Ташиевдерди бийликти басып алды деп күнөөлөй турган болсо, 24-марттагы жана 7-апрелдеги лидерлер да соттолушу керек” деди. Эмне үчүн сиз үн каткан жоксуз?” - деген суроосуна Бекназаров: “Сот жүрүшүндө ал да мага окшогон коомдук жактоочу. Өз оюн айтты . Мен ага комментарий бере албайм”, - деп жооп берди.

Ушул эле гезит “Чын эле Жылдыз Жолдошева эмне деди?” деген ат менен депутаттын ушул жылдын 10-январында Бишкек шаарындагы Биринчи май райсотунда сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасын жарыялады.

“Пресс kg” гезити Жумаш Назаровдун “Блейктин келишинен Кыргызстан эмне табат?” деген макаласын окурмандарга тартуулады.

Бакыт Молдалиевдин макаласы “Эсен болуп, эстей жүр” деп аталып, өлкөнүн өткөн жылдагы окуяларын кайрадан эске салып, бир кезде президент болгусу келип “Зима не будет” деп сүйлөп, анысы дүйнөлүк хитке айланган Арстанбек Абдылдаевден тартып камактагы Ташиевге чейинки окуяларды талдоого алып, бүгүнкү күндө бийликтегиси да, оппозициясы да жетишпеген абройго Оштун мэри Мелис Мырзакматов жетишип, жаңы жылга оңбогондой саясый упай топтоо менен киргенин, ал эч кимди кетсин деп да кыйкырбаганын, бийликке төшөлүп кошомат да кылбаганын, балык жылында балыктай унчукпай өз ишин жасай бергенин, ал тургай буга чейин бир дагы бийликтин оюна келбеген, оюна келсе да колунан келбеген иш жасап, журналисттерди чогултуп, алар менен тил табышканын, айтор Мырзакматов үчүн өткөн жыл кийинки жылга жакшы база түзгөн жыл болгонун белгиледи.

Аталган гезит 7-апрелдеги элди атуу боюнча буйрукту Жаныш Бакиев бергенин Жаныштын ошол кездеги орунбасары Данияр Дунганов соттогу сурак маалында билдиргенин кабарлады.

Депутат Бөдөш Мамырова “Сох жаңжалына расмий Ташкент кийлигишкен жок деп айта албайм” деген аталыш менен интервью берди.

“Учур” гезити кечээ АКШынын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк менен Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жолугушканын, жолугушууда президент Атамбаев “Манас” аэропорту боюнча макулдашуу мөөнөтү бүткөн соң ал жерде эч кандай аскердик база болбошу керектигин дагы бир жолу эскертип өткөнүн маалымдаган кабар менен жаңы санын ачты.

Гезит “Жапаров деген ким?” деген баштеманын алдында камакта жаткан депутат Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча бир катар жарандардын ойлоруна орун берди. “Кылмыштуу топ баш көтөрдүбү?” деген макалада кылмышкерлер тарабынан атылган милициянын полковниги Толкунбек Шоноевге байланыштуу макала басылды.

Депутат Надира Нарматова Чарбактагы чатак боюнча оюн билдирүү менен “Күнөөлүүнү сырттан эмес, башкаруу системасынан издеш керек” деди.
Ушул эле чек ара маселеси боюнча депутат Эгемберди Эрматовдун ою да басылып чыкты. Ал Чарбакта жашаган элди кошуналар улам бери сүрүп олтуруп тоонун түбүнө алпарып койгонун, жүз метрдей гана жер калганын, эми ошол жерди жоготсок эле кыргыз айылдарынын баары анклавга айланып каларын айтып маселени чечүү үчүн өкмөт атайын социалдык-экономикалык программа менен иштеши зарылдыгын айтты.

Футболдон Шериктештер кубогу башталды

18-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу башталды. Ага 12 команда катышууда.

Санкт-Петербургдагы турнирге мурда Шериктеш мамлекеттердин чемпиондору катышып келсе, эки жылдан бери жаштар командаларынын таймашына айланды. Себеби жыл өткөн сайын бул мелдештин деңгээли төмөндөп, футболу өнүккөн айрым өлкөлөр атаандаштарын теңсинбей калган. Ошондуктан оюндун уюштуруучулары жаштар командаларына кезек берип, турнирди жаңы баскычка көтөрүүгө далалат кылышууда.

Быйылкы Шериктештер кубогу мелдешине 12 команда катышып, үч топко бөлүнүп, күч сынашканы турат. Чүчү кулак кармоодо Кыргызстандын жаштар тандалма командасы күчтүү атаандаштарга туш болду.

В тобунда Кыргызстандын жаштар командасы Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын футболчулары менен беттешет.

18-январда кечки саат алты жарымда кыргызстандык футболчулар биринчи беттешүүдө Казакстандын жаштар командасына каршы ойнойт. 20-январда орусиялык футболчулар менен беттешет. 21-январда Өзбекстандын жаштар командасы менен мөрөй талашат.

В тобунда Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын футболчуларына каршы туруу кыйын болоорун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов “Азаттыкка” айтты. Анын айтымында, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл.

- Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Кыргызстандын ар бир облусунда жок дегенде бирден команда болуусу шарт.

Спорт серепчиси Табылды Асыгалиев:

- Санкт-Петербургда Шериктештер кубогунда кыргызстандык футболчулар атаандаштарын утуп алышы күмөн. Себеби атаандаштарынын деңгээли жогору, даярдыгы дурус. Ошентсе да жаштар үчүн чоң сабак болот.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын футболчулары Шериктештер кубогу мелдешинде бир да жолу чеке жылытарлык ийгиликке жеткен эмес.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов намысты сактоого аракет кылышарын айтып, бирок баш байгеге талапкер болуу кыйын экенин жашырбады.

- Даярдык орточо. Атаандаштар да күчтүү командалар. Биздин жигиттер мындай ири мелдештерде такшалып, тажрыйба гана алып келет го.

Федерацияны көп жыл жетектеген экс-премьер-министр Амангелди Муралиев футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгиледи:

- Быйыл да үмүттү жаштар командасы актай албайт го. Себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын. Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын биздин командалар ири эсеп менен жеңилип келип, ишенич акталбай келатат. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек. Жыл өткөн сайын Шериктештик кубогунун деңгээли да төмөндөп бараткандай сезилет.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө. Ошондон бери эл аралык мелдештерге катышып келет. Жыйырма жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Шериктештик кубогуна катышканы менен ийгиликке жетпеди.

Шериктештер кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Шаршен Касенов айтты.

Өлкөнүн сегиз жолку чемпиону "Дордой" командасы да Шериктештик кубогуна алты ирет катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес. Жаштар командасынын курамы “Дордой” жана “Абдыш-Ата” клубдарынын мүчөлөрүнөн түзүлүп, башкы устат Анарбек Ормомбеков баштап барды. 21 жашка чейинки жаштар тандалма командасынын курамы төмөнкү оюнчулардан турат.

Дарбазачылар: 1. Руслан Джаныбеков («Дордой»), 2. Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»), 3. Арстан Манасов («Дордой-2»).

Коргоочулар: 4. Валерий Кичин, 5. Адыл Бекболотов, 6. Марат Аджиниязов, 7. Владислав Барсуков, 8. Тамирлан Козубаев (баары - «Дордой»), 9. Санжар Шаршеев («Дордой-2»), 10. Акрам Умаров («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар: 11. Ислам Шамшиев, 12. Авазбек Откеев, 14. Аман Талантбеков, 16. Динмухамед Таалайбеков (баары - «Дордой»), 13. Азиз Сыдыков, 15. Саламат Мамбеталиев (экөө тең - «Абдыш-Ата»).

Чабуулчулар: 17. Каюмжан Шарипов («Дордой»), 18. Фархад Мусабеков («Абдыш-Ата»).

Санкт-Петербург шаарындагы футболдон Шериктештер кубогу турнири 27-январда жыйынтыкталат.

Тынаев: Этти экспорттоого мүмкүнчүлүк көп

Мал ылаңдарынан улам Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү продукцияларын экспорттой албай келишет. Жагдайдан чыгуунун жолдору жана өлкөдөгү эпизоотиялык абал тууралуу мурдагы айыл-чарба министри Сапарбек Тынаев ой бөлүштү.

- Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү өлкө ичин гана эмес, коңшу өлкөлөрдү да эт менен камсыз кыла алабыз дешет. Бирок эмне үчүн аларга алигиче шарт түзүлбөй келет?

- Кыргызстан этке болгон муктаждыгынын 50-60 пайызын гана өзү камсыз кыла алат деген туура эмес. Мен министр болуп иштеп турганда малдын, өндүрүлүп жаткан эттин көлөмүн аныктаганга аракет кылдык. Бул боюнча азыркыга чейин так сан жок. Негизи бизде шарт түзүлсө этти экспорттоого мүмкүнчүлүктөр бар.

Азыр мал союла турган, эски Советтер союзу учурундагыдай эт комбинаттары жок. Заманбап эт комбинаттарын курушубуз керек. Андан тышкары мындай комбинаттардын алдында эл аралык сертификация борборлорунан аккредитациядан өткөн лабораториясы болушу зарыл. Ошол лабораториянын документи болсо биздин этти каалаган жерге жиберсе болот.

Экинчиден, Кыргызстанда эпизоотиялык абал абдан начар. Бул илгертеден келе жаткан маселе. Бирок кээде өзүбүздү өзүбүз афиша кылып, жарнамалайбыз. Биздин республикада шарп, күйдүргү бар деп бүткүл дүйнөгө жарыялайбыз. Өзүбүздө жашыруун сыр болушу керек. Биз ооруларга каршы күрөшүүбүз зарыл. Кабарларды мүмкүн болушунча сырт жакка чыгарбай, өзүбүздүн ичибизде кармашыбыз керек. Оорунун чыгышына себеп болгон адамдарды жазалап, кызматынан алуу керек.

Мындай болбогондуктан эт расмий жол менен экспорттолбой, аткезчилик жол менен чыгып жатат. Биздин анализ боюнча, бир жумада 200-300 тонна эт сыртка чыгат. Жылына кеминде 15-16 миң тонна эт чыгып кетет.

- Эт өндүрүүчүлөр Кыргызстандагыдай эпизоотиялык абал коңшу өлкөлөрдө деле бар экенин айтышууда. Болгону алар мал ылаңдары айрым гана аймактарда катталганын далилдеп бере алышкан экен. Кыргызстан деле далилдесе болот беле?

- Ветеринария мыйзамы эки жылдан бери кабыл алынбай жатат. Мыйзамды кабыл алып, оору чыккан аймактарды зоналаштыруу керек. Маселен бизде күйдүргү Жалал-Абад облусунда, шарп Нарында көбүрөөк катталса, Чүй облусунда оору жок деп Орусия же Казакстанга далилдеп бере албай жатабыз.

Ошондуктан ветеринария жөнүндө, идентификация жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып, анан зоналаштырууну жүргүзүүгө тийишпиз. Андан соң ачык түрдө Кыргызстандын бул өрөөнүндө оору жок, эт-сүттүн баары ушул райондон деп далилдеп беришибиз керек. Аларды, эксперттерди чакырып көрсөтүү керек.

- Сиз министр болуп турганда эмне үчүн далилдеп бере алган жоксуз?

- Мен болгону үч ай министр болдум. Мен министр болуп турганда коңшулар сүттү өткөрбөй жаап койгон. Анан биз чакырып, алардын өкүлдөрү келишти. Биздин шарттарды карап туруп, кайра ачып берген. Анан кийин, өткөн күздө кайра жаап койду.

Этти да сырттан ташыганга өттүк

Бишкектин Ош базарындагы эт саткан жер.

Мал киндиктүү Кыргызстандын элинин бир тобу мал этинин ордуна сырттан ташылган арзан этке качырышууда.

Өлкөдө калктын калың катмары килосу 7-10 долларга тете этти дайыма эле сатып ала алышпайт. Ар кайсы базарларда Америкадан же Кытайдан келген тоок эти, же Индиядан келген уй эти деген жазууларды көрүүгө болот.

Базарларда каз-катар тизилип турган ар кыл малдын этин канча суу, канча мазар басып Кыргызстанга алып келинээрин көпчүлүк эле биле бербесе керек.

Бишкектеги базарлардын биринде эт саткан Беки Токтаналиев сырттан ташылып келген эттин таржымалын мындайча айтып берип жатат:

- Мисалы, бул “сосиска” Бразилиядан келет, бул өрдөктүн эти болсо Кытай, ал эми тооктун эти АКШдан келет. Бизге үкөктөргө салынып, тоңдурулган бойдон алып келишет. Биз бузуп туруп, анан сата беребиз. Эл болсо өзүбүздүн малдын этин албай калды. Мисалга, 300 сомго бир эле киллограм эт аласың. Бул “окарачкадан” болсо ошол эле акчага 3-4 киллограм эт келет. Ошентип курсакты алдап жатпайбызбы...

Сатуучунун маалыматын расмий органдар деле тастыкташат. Өкмөт алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга онго жакын өлкөдөн эт азыктары импорттолгон. Алардын ичинен АКШ жана Бразилиядан дээрлик 56,5 миң тоннадан ашуун канаттуулар эти алып келинген. Ал эми Кытайдан 8 миң тонна чочконун,
570 тонна уй жана 10 миң тонна тоок эти, Индиядан 520 тонна уй, Монголиядан 135 тонна жылкы, 20 тонна кой эти сатып алынган. Мындан тышкары Орусия менен Голландиядан 4 миң тонна балык азыктарын кыргызстандыктар керектеген.

Аталган агенттиктин ветеринардык көзөмөл башкармалыгын башчысы Ашырбай Жусупов бул эттердин Кыргызстанга кандай жол менен ташылып келээрин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биздин өлкө бир нече эл аралык келишимдерге кол койгон. Анын үстүнө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Ушул уюмга кирип, биздин ички санитардык талаптарга жана эл аралык нормаларга жооп берген өлкөлөрдөн келген тамак-аш Кыргызстанга кире берет.

Жусуповдун айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн эт жергиликтүү керектөөнүн 60 пайызга жакынын гана камсыз кылат.

Анткен менен алыстан алып келинген эттин кандай жол менен даярдалаарынан, анын сапатынан күмөн санагандар арбын.

Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков арзанына качырып, күмөндүү этти алганча, Кыргызстандагы эт өндүрүшүн колдоо зарыл деп эсептейт.

- Биздин малдын эти, сүтү эң сапаттуу, экологиялык жактан таза. Биз ошол этти, сүттү кайра иштетип сыртка чыгармак тургай, өзүбүздүн ичибизде жакшыраак сата албай жатабыз. Мунун айынан ички базарды башкалар ээлеп жатат.

Депутаттын пикирин жергиликтүү эт өндүрүүчүлөр деле колдойт. Кыргызстандагы ташып келүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаеванын айтымында, жергиликтүү фермерлер, эт комбинаттары эле өлкөнү эт менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал тургай чет өлкөгө экспорттоого да даяр. Бирок айрым шарттар түзүлбөгөндөн улам бул иш аксап келе жатат.

Маселен, Кыргызстан былтыртан тарта расмий түрдө 1 киллограм да эт экспорттоого укугу жок. Буга чейин өлкөдөн эт импорттоп келген Иран жана Казакстан былтыртан тарта Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын начардыгынан улам этти алууга тыюу салган. Учурда эт өндүрүүчүлөр этти контрабандалык жол менен гана сыртка чыгарууга аргасыз.

Баткен: Сохтогу чек ара тосулууда

Кыргызстан Сохтогу чек арасын тосууга киришти

Чарбак чек ара тозотунун жанына тартылган тикен зым. Баткен, 16-январь, 2013.

Баткенде Өзбекстандын Хушяр айылы менен чектеш аймакка тикен зымдарды тартуу иштери башталды.

Азырынча такталган, эки тараптуу макулдашылган чек ара тосмолонсо, жакынкы күндөрү Ташкенден да чек араны аныктоочу комиссия келип, аймактагы чек ара тилкесин биротоло чечүү болжолдонуп жатат.

Чек араны тосуучу шаймандар даяр

5-7-январдагы Өзбекстандын Сох анклавы менен Баткендин Чарбак айылындагы жаңжалдан кийин чек арадагы абал күч кызматтарынын көзөмөлүндө. Анклавга кирип-чыгуу токтотулган, жолдор жабык бойдон. Жол жабыктыганан обочодо калган Баткендин Бөжөй айылына тик учак менен гуманитардык жардам жеткирилип жатат.

Аймакта өкмөттүн абалды иликтөөчү атайын комиссиясы жана мекемелер аралык жумушчу тобу да иштеп жатат. Чарбак айылында болсо жаңжал башталганы жеригиликтүү эл чек араны тактоо, тосуу маселесин кабыргасынан коюп келет.

16-январда атайын адситер Чарбак айылына келип, эки өлкө четешкен чек араны тикен зымдар менен тосмолоого киришти. Чек араны тактоочу комиссиянын мүчөсү, жерге укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын жетекчиси Абдиназар Эргешов азырынча жалпысынан 10 чакырым чек ара тосулаарын билдирди:

- Өзбекстандын Сох району менен Кыргызстандын Баткен районунун чектешкен чек арасы 136 км. Анын 100 чакырымы такталып, эки тараптуу макулдашылган. Такталган чек аранын ушул Чарбак айылынын жанын тосолу деп жатабыз. Бизге 10 чакырымды тикен зымдар менен тосконго шаймандар келген.

Чек араны минтип тосуу жаңжалдарды жаңылабас бекен деген да түкшүмөлдөр жок эмес. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратов мындан эч кандай пикир келишпестик болбойт деп эсептейт:

-Тендер өткөрүлүп, 10 чакырымды тосууга бардык керектүү буюмдар келген. Эгер керек болсо дагы тособуз, бул ишти өкмөт колдоп жатат. Бардык иш макулдашылган жерде жүрөт. Бизге кошуналардын бир см. жери да кереги жок. Биз да бир укум жерди аларга бербейбиз.

Чарбактыктардын үмүтү

Чарбактыктар болсо ушуну гана күтүп тургансыйт. Алардын баамында, чек араны тикен зым менен тосуу жаңжалдардын санын кыскартып, чек арадагы башаламандыкка чекит коймокчу.

Чарбактык Ашым Мырзабеков кошуналар менен катташпай калсак да жаңжал болбосо болду дейт:

- Жакшы болот да. Чек ара тосулса кечээкидей бастырып кирбей калышат. Чек ара так болгондон кийин талаш-тартыш болбойт. Минтип тоспосо дагы жаңжал болбойт деп ким кепил болот? Катташпасак жок, аймакка кирип-чыгуу тартиби орнойт да.

Чарбак айылында чек ара толук такталып бүтө элек. Андыктан азыркы чек араны тосуу толук эки айылды бөлүп калбайт.

Облус башчысынын орун басары Саитжан Эратов жакынкы күндөрү Өзбекстандан да чек араны аныктоочу комиссия келип, Хушяр айылынын айланасындагы чек ара маселесине биротоло чекит коюлат деген пикирде:

- Биз кошуналарга талап коюп, чек араны тактоочу комиссия келсин деп айттык. Бүгүн болбосо да эртеңден отуруп, чек ара маселесин тактайбыз.

Канткен менен аймактагы абал кыйчалышып, Сох анклавы жабык турган мезгилде көптөн бери жанданбай келген чек араны тактоо иштери кайра канчалык жанданаары азырынча беймаалым.

Бул арада өзбек тарап Чарбак жаңжалында зыян тарткан кыргыз жарандарына материалдык чыгымдарын төлөп бере баштады. Азырга чейин талкаланган 12 автоунаа үчүн 56 миң АКШ доллары төлөнүп берилди. Калган чыгымдарды тактоо иштери уланууда. Кыргыз тарап чыгымдар толук төлөнмөйүн Сох анклавына жол ачылбастыгын эскеркткен.

5-7 январдагы Сох-Чарбак жаңжалында Кыргызстандын 30 жараны барымтага алынып, бир күндөн кийин бошотулган. Барымтадан бошотулган отуз адамдын сегизи азыр облустук ооруканада дарыланууда.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтса, Кыргыз чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, чек арачылар эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарышканын билдирген.


“Фридом Хаус”: Евразия Жакынкы Чыгышка теңелди

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан “Фридом Хаус” уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык укуктардын жана саясий эркиндиктердин абалы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Кыргызстан мурдагыдай эле “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн тизмесинде. Бирок быйылкы баяндамада Кыргызстан да кирген Евразия дүйнөнүн саясий жана социалдык жактан эң репрессиячыл аймактарынын бири катары мүнөздөлгөн.

“Фридом Хаустун” пикиринде, Орусияда “темир муштумдун кайра кайтып келиши” азыр бүткүл Евразия аймагындагы кырдаалга таасир берүүдө.

Уюмдун изилдөөлөр боюнча вице-президенти Арч Паддингтон мындай дейт:

- Биз аныктагандай, Евразиянын өзгөчө саясий укуктар боюнча индикаторлору дүйнөдө эң начар болуп чыкты. А түгүл Жакынкы Чыгыштан да начар. Муну жаңылык деп айтсак болот.

Орусияда өткөн жылкы демонстрациялардын көбү кармоолор менен аяктады.
Орусияда өткөн жылкы демонстрациялардын көбү кармоолор менен аяктады.
Баяндамада белгилегендей, орус президенти Владимир Путин былтыр элдик демонстрацияларды, жарандык коомдун ишин чектөө, ой-пикирди интернетте же басма сөздө эркин билдирүүгө тоскоолдук жасоо менен “ачык коомдун баалуулуктарын жек көрөрүн көргөздү”.

Баяндамада Орусия АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги - ЮСАИДди өлкөдөн чыгарганы баса көргөзүлүп, президент Барак Обаманын администрациясы орус тарапка “ишенимдүү жооп кайтара албаганы үчүн” сынга алынган.

Орусиядан Украинага келсек, анын рейтингдери экинчи жыл катары менен төмөндөөдө. Бул көп жагынан Украинада оппозиция лидерлери абакка саясий жүйөөдөн улам гана түшүп жатат деген көз караш Батышта үстөмдүк кылганына байланыштуу.

Борбор Азия

Борбор Азиянын беш өлкөсү ичинен “Фридом Хаус” Кыргызстанды гана “жарым-жартылай эркин” деп эсептейт. Уюмдун изилдөөлөр боюнча вице-президенти Арч Паддингтон:

- Борбор Азияда упайы эң начар өлкөлөр бар. Өзбекстан менен Түркмөнстанды биз “начарлардын начары” деген категорияга киргизгенбиз. Казакстан менен Тажикстан да ушул категорияга жакын.

“Фридом Хаустун” көз карашында, Тажикстанда жарандык эркиндиктер былтыр жайда Тоолуу Бадахшанда болгон аскерий операциялардын аркасында начарлап кеткен.

Ал эми Казакстан Жаңы-Өзөн шаарындагы кандуу кагылыштын артынан оппозициячыл басылмаларды, социалдык медианы кысмактоону күчөттү.

Өзбекстан, Түркмөнстан жана Беларус адам укуктарынын абалы жагынан Сирия, Сомали, Түндүк Корея менен бирдикте тизменин эң түбүндө турушат.

“Фридом Хаустун” өкүлү Арч Паддингтон:

- Евразия аймагынан чындап көзгө көрүнгөнү - Грузия. Ал жерде кырдаал бир топ жакшырды. Армения менен Молдовада да кырдаал бир аз оңолду Евразиянын калгандары жалаң эркин эмес өлкөлөр.

“Фридом Хаустун” баамында, 2012-жыл “эркиндик үчүн татаал” жыл болду.

Евразияда адам укуктарынын начарлашы башка тенденциялар менен катарлаш кетти.

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка

Эркиндик жагынан алга жылуулар өткөн жылы Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада орун алды.

Араб жазын эң алгач баштан кечирген Тунис анын жемишин көрө баштаса, Ливия “эркин эмес” мамлекеттер сабынан “жарым-жартылай” эркиндердин катарына кошулду.

Ал эми Египетте бийликтеги “Мусулман агаиндер” кыймылынын демократия боюнча күмөндүү убадалары, Перси булуңундагы өлкөлөрдө эркиндиктин тарышы тынчыздана турган жагдай катары мүнөздөлгөн.

Египетте демократиянын келечеги күмөн-саноолорду жаратууда. Журналисттердин 25-ноябрь, 2012 -жылдагы митинги.
Египетте демократиянын келечеги күмөн-саноолорду жаратууда. Журналисттердин 25-ноябрь, 2012 -жылдагы митинги.
Баяндамада көңүл бурулган тенденциялардын дагы бири, Фридом Хаустун пикиринде, мусулмандар мусулмандарга каршы жасаган кыянатчылыктардын Пакистанда “үрөй учурган” деңгээлге чыкканы, Иракта да кеңири жайылган бойдон калып жатканы.

“Фридом Хаус” Түркияда жарандык эркиндиктер чоң тобокелчилик алдында турат, Кытайда башкача ойлонгондорду, Иранда блогерлер менен азчылыктарды куугунтуктоо уланып жатат деп санайт.

Жалпысынан уюмдун эсебинде, азыр дүйнө калкынын 43% “эркин”, 23%
“жарым-жартылай эркин”, 34% “эркин эмес” коомдордо жашайт.

Бийлик диний билим берүүнү тескөөнү көздөйт

Араванда мусулман аялдарды окуткан мугалим сабак берүүдө, Ош облусу. 13-сентябрь, 2012.

Кыргызстанда “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору коомчулук талкуусуна коюлду.

Мыйзамда чет жерде диний билим алууга кеткендерди мамлекеттик көзөмөлгө алуу жана бирдиктүү тартипке салуу жоболору да камтылган. Кыргызстандан Арабстанга, Иранга, Пакистанга жана башка Азия мамлекеттерине диний окуу жайларга кеткен балдыр-кыздар аз эмес, бирок алардын так саны беймаалым.

Кеч болсо да, эп болсун

Акылбек Тагаев
Египеттеги атактуу “аль-Азхар” университетинин студенти. Анын айтымында, болжол менен Египетте билим алган 300гө чукул кыргызстандык бар. Тагаев аталган университетте окугандардан чочулоого, “алар эмне билим алып жатат” деп тынчсызданууга негиз жок дейт.

- Мен “аль-Азхар” университетинин шариат факультетинде 2-курста окуйм. Жеке өзүм жөнүндө айта турган болсом, мен ханафи мазхабынын укук негиздерин, анын жол-жоболорун окуйм.


Акылбек Тагаев “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору Кыргызстандын коопсуздугуна, учурдун талабына жараша иштелип чыгып жатса керек деген ойдо:

- Кыргызстанда бул мыйзамды чыгарып жаткандар, албетте биздин пайдабызды көздөп, мамлекеттин коопсуздугун ойлоп, бул ишти жасап жатышкан чыгар. Андан биздин шегибиз жок. Мамлекет биздин камыбызды жеп, бизге зыяны тийе турган нерсени ойлобосо керек. Ал эми Египеттин өзүндө кандайдыр бир коркунучтуу көз карашта окуп жаткан балдардын бар экенин мен билбейт экем, уккан да эмесмин.

Кыргызстанда коомчулуктун талкуусуна коюлган “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайда мамлекеттик органдардын, муфтият өкүлдөрүнүн, динаятчыларын жана эксперт-адистердин катышуусунда талкууланды. Аны президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган, ал эми мыйзам долбоору “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин башчысы Каныбек Осмоналиевге таандык.

Адистер бул сыяктуу мыйзам бир топ жыл мурда эле кабыл алыныш керек болчу, бирок азыр да болсо кеч эмес дешүүдө. Дин комиссиясынын төрага орун басары Табылды Орозалиев аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бул жааттагы башаламандыкты жөнгө салууга укуктук негиз түзүлмөк деп эсептейт:

- Арабстанга кеткендер эреже катары уруксат алып кетишет. Ал жактагылар уруксат документи жок болсо, кабыл алышпайт окшойт. Ал эми башка өлкөлөргө жөн эле кетип калып жатышат.

Мисалы, мыйзам кабыл алынып, биздин Билим берүү министрлигинин Түркиянын же Иорданиянын Билим берүү министрликтери менен студенттерди алмашуу келишими болсо, анда эч кандай маселе жок, каалаган жагына барып окуй берсин. Бирок азыр ким кайсы жакка барып окуп жатканы белгисиз болуп жатат. Ар кайсы өлкөдөгү окуу жайлардын өздөрүнүн багыттары болот. Алардын ар кимиси эмнени үйрөнүп келсе, Кыргызстанда ошону сүйлөп жатышпайбы.


Коркунучту четтен гана издебейли

Адатта кыргызстандык студенттер диний билим алганы Сауд Арабстан, Египет, Иордания, Ливия, Пакистан, Индия, Бангладеш, Түркия, Татарстан жана башка мамлекеттерге барышат. Кыргызстандагы теологдор ассоцациясынын төрагасы Самаган Мурзаибраимовдун айтымында, диний билим берүүгө көзөмөлдүн болгону жакшы. Бирок ал чет жерге диний билим алууга кеткендерди тартипке салуу же чектөө терс агымдардын таасирин тизгиндээринен күмөнү бар.

- Бир туура эмес ишти башка бир туура эмес кадам менен чечүүгө аракет кылбашыбыз керек. Башка мамлекетте окуп келгендердин биздин диний коопсуздугубузга кандайдыр бир залакасы тийип жатканын байкасак, анда биз алардын окууга баруусуна тыюу салуу аркылуу эмес, аларды кайсы бир шектүү көз карашка алданып, же өтүп кетпей тургандай кылып тарбиялаганыбыз жөндүү. Чет өлкөдө билим алууга тыюу салган күндө деле биздин жаштардын диний сабаты жок болсо, анда алар Кыргызстанда туруп деле түрдүү маалымат каражаттары аркылуу башка агымдарды үйрөнүп алышы мүмкүн.

Адистердин айтымында, чет жерге диний билим алганы кетип, Кыргызстанга жат түшүнүктөрдү жайылтып жаткан көрүнүштөр диний билим берүү көйгөйүнүн бир гана өңүтү.

Сунушталып жаткан “Диний билим берүү жөнүндөгү мыйзам” ишке кирип калса, ал Кыргызстандын өзүндөгү терс жагдайларды да тартипке салмак дешет. Маселен, Кыргызстанда ушу кезде диний билим берген 91 окуу жай бар болсо, алардын ичинен 75и ислам жаатындагы окуу жайлар. Анын 65и медресе, 9у институт, бирөөсү университет. Ошол эле кезде христиан дининде окуткан 15 билим берүү мекемеси бар. Анын жетөө жогорку окуу жай болсо, алтоо орто билим берген мектептер. Бирок алардын бирдиктүү окуу програмасы, тиешелүү шарттары болбогонуна байланыштуу бүтүрүүчүлөргө берилген документтери мамлекет тарабынан таанылбайт.

Атамбаев: "Манаста" аскерий эч нерсе калбашы керек

"Манас" Транзиттик борбору, Бишкек, 7-июнь, 2012.

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Бишкекте өлкө президенти жана өкмөт башчы менен жекеме-жеке сүйлөштү.

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк адегенде Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрүнүн чакан тобу менен жолугушту. Анда тараптар коомдук-саясий кырдаал, парламенттик башкаруунун өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө салымы, диндин, улут аралык мамилелердин таасири өндүү маселелер боюнча пикир алмашты. “Манас” транзиттик ташуу борбору тууралуу атайын сөз болгон жок. Роберт Блейк жарандык лидерлердин биринин борбордун ишмердигиндеги ачык-айкындыкка шектенүүлөр тууралуу суроосуна жооп берди.

Бул тууралуу жолугушуунун катышуучуларынын бири Дмитрий Кабак билдирди:

- Дал ошол ачык-айкындык жок деген шектенүүлөр АКШны олуттуу демилгелер менен чыгууга мажбурлады деди. Азыр бардык маалыматтар сайттарга чыгып атат деди. Ошол эле мезгилде ал борбордун башкы милдети – логистика, башкача айтканда, Ооганстандагы операцияларды тейлөө, АКШ биринчи кезекте ал жердеги коопсуздукту ойлойт, ал жердеги коопсуздук - бүтүндөй региондун коопсуздугу деди.

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамкатчысынын өкүлү Роберт Блейк менен учурашып жатат. Бишкек, 16-январь, 2013.
Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамкатчысынын өкүлү Роберт Блейк менен учурашып жатат. Бишкек, 16-январь, 2013.
Кыргызстандын бийлиги “Манас” аба майданынында аскерий эмес, жарандык жүк ташуучу борбор болушу керек деген турумду карманууда. Бул тууралуу акыркы жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев дагы бир ирет кайталады. Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, Атамбаев Блейкке “Макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң, «Манас» аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес”, - деп айтты.

Ошентсе да транзиттик борбордун кетиши же калышы Кыргызстандан эмес, атаандаш Орусия менен АКШнын соодалашуусунан көз каранды деген жоромолдор дале кала берүүдө. «Манас» эл аралык аба майданында жайгашкан транзиттик ташуулар борбору тууралуу Кыргызстан менен АКШ макулдашуусунун мөөнөтү 2014-жылы июнь айында аяктайт.

Роберт Блейк былтыркы апрель сапары маалында “Азаттыкка” берген интервьюсунда транзиттик ташуулар борбору АКШ-Кыргызстан кызматташтыгынын негизин түзбөйт, демократияга тоскоол болчу маңзаттарга, терроризмге каршы күрөш жаатында да кызматташып келатабыз деп билдирген эле:

- Келечекке караганда транзиттик база АКШ - Кыргызстан кызматташтыгында башкы орунда деп эсептелбейт. Мындан башка да биз кызыккан нерселер бар. Алар – демократиялык өзгөрүүлөр.

Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөр жана өлкөнү турукташтыруу жаатында буга чейинки жардамдары үчүн АКШга ыраазычылыгын премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамкатчынын өкүлү менен ушул күнкү жолугушууда билдирип, мындан аркы экономикалык кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов буларды айтты:

- Премьер-министр жардамдарды координациялоо маселесин да койду. Жардамдарды координацияласак натыйжасы мындан да бийигирээк болот эле деди. Ошондой эле өлкөгө инвестицияларды тартуу, анын климатын жакшыртуу маселелери талкууланды. КАСА-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча эки тараптуу жумуштарды күчөтүү, аймактагы наркотрафикке каршы туруштук берүү маселелери талкууланды.

Роберт Блейк жолугушууда учурда АКШ кабыл алып жаткан Борбор Азия мамлекеттерине колдоо көрсөтүү программасынын алкагында да экономикалык кызматташтык күчтөндүрүлөөрүнө ишеним артты.

Американын бийик даражалуу өкүлү менен бул күнкү жолугушууларга журналисттердин кеңири чөйрөсү чакырылган жок. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча эртең маалымат жыйыны уюштурулаары кабарланууда. Анын алдында Бишкекте эки тараптуу кызматташтык боюнча жылдык кеңешменин кезектеги отуруму болот.

Кошуналардын "оюну"

Бүгүн “Көк асаба” жана “Дело №...” гезиттери жарык көрдү.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити жаш саясатчы Айбек Байымбетовдун коррупция менен күрөштү талдоого алган макаласын жарыялады.

Жазуучу Чын Темир Алтайдын же Асыкбек Оморовдун “Кыргыздын кырк уруусунун булактары чоглтулууда” деген макаласында жеке ишкер Рустам Маманов кыргыздын кырк урусунун тарыхын кайрадан тактап, жазып чыгуу үчүн өз жанынан 40 млн. сом жумшап, иш үч багыт менен жүрүп жатканын, акыркы багытын Тайван, Кытай, Индия, Пакистан, Ооганстан, Иран, Түркия, Сирия мамлекеттерине буруп, ошол өлкөлөрдүн архивин аңтарып, тарыхый материалдар чогултуларын, Чын Темир Алтай өзү жетектеген “Санжыра борбору” иштеп жатканын жар салды.

“Ысык-Көл – ден соолукту чыңдоочу эмес, бузуучу чөйрөгө айланып бараткансыйт” деген ат менен окумуштуу Бозум Алышбаевдин макаласы тартууланды.
Журналист Динара Бейшеналиеванын бир катар суроолоруна ырчы Гүлбү Орозкулова жооп берди. Журналист Айзада Авазованы эскерген замандаштарынын эскерүүлөрү да ушул санда.

“Дело №...” гезити полковник Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшүнө арналган макаласын “Бандиттер окоптон чыга баштады” деп атап, Ички иштер министрлигиндеги булактар белгилегендей, кылмышкерлер кайрадан баш көтөрө баштаганын, ал тургай бир нече офицердин көзүн тазалоо боюнча түзүлгөн тизме былтыр пайда болгонун, башкы милиционер Шамил Атаханов өткөн чогулушунда “Биздин коопсуздугубуз үчүн ким жооп берет?” деген суроону койгонун, эми минтип анын жообу катары түштүктө полковник атып өлтүрүлгөнүн, Кыргызстанда 11-январь бандиттердин баш көтөрө баштаган күнү катары тарыхта калбас үчүн, кийин кеч болуп калбас үчүн азыртадан алдын алууга али убакыт бар экенин жазды.

“Дело №...” гезити Чарбактагы чатакты талдоого алды. Бул боюнча жарыяланган макаланын аягында эксперттердин ойлоруна орун берди.

Кубаныч Сарыбаев, Чек ара кызматынын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси:
– Мындай чыр-чатактарды болтурбай коюу оңой-олтоң иш эмес. Биздин чек арачылар эмнени кайтарып жатканын так, даана билмейин ушундайлар боло берет.

Мамлекеттик чек ара деген мыйзамдуу күчү бар чек ара сызыгы болот. Мындай мыйзамдуу күчкө ээ чек ара сызыгы Кытай жана Казакстан менен чектешкен чек арабызда гана бар. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арада такташа турган талаш жерлер көп.

Эң башкысы мамлекеттер аралык келишимдер жок. Болгону протоколдор гана бар, мына ушундай чырдуу кырдаалдарда мындай протколдордун күчү тыйынга да арзыбай калат.

Эмне үчүн ушунча жылдан бери коңшу эки өлкө менен делимитация жана демаркация кылбай келатабыз? Анткени чек ара маселеси менен эч ким алпурушкусу келбейт.

Чек ара маселеси өзү менен кошо канча жылдардан бери чечилбей келаткан бардык экономикалык маселелрди кошо көтөрүп чыгары белгилүү. Анткени түштүктөгү чек арабыз жашап турган тургундардын баскан жолу, айдаган огороддору менен салган мал кепелери аркылуу өтөт. Мына ушундай татаал маселени чечиш үчүн адистер керек,–десе,

Саясат талдоочу Марс Сариев: –Бул чек ара чатагы атайылап жасалган провокациянын бири. Менин оюмча муну Өзбекстандын атайын кызматтары жасады.

Сохтун негизги тургундары – тажиктер. Чыр чатак кыргыз менен өзбектердин ортосунда эмес, кыргыз менен тажиктердин ортосунда чыкты.

Кыргызстан бүгүн Орусиянын кол чатырынын алдында турса, Өзбекстан бариккаданын башка жагында турат. Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун өткөн декабрдагы саммитине Өзбекстандын ыйгарым укуктуу өкүлү барып катышты. Ошондон кийин эле Ташкент “Биз Орусиянын курал-жарактарын сатып алабыз, өз аймагыбызга Американын аскер базасын курууга эч качан жол бербейбиз” деп айтып, Кремлди көздөй ыктаганын билдирди.

“Газпром” болсо Өзбекстандын газ чыга турган аймактарын изилдөөнү баштады. Өзбекстанга реалдуу тоскоол болуп жаткан ким? Албетте Тажикстан. Тажиктер куруп аткан Рогун ГЭСи өзбектердин пахта талаасынын ишпалдасын чыгарышы мүмкүн. Биз кыргыздар болсо ийкемдүүлүк кылып Камбар-Атаны өзбектер менен чогуу курмакчы болуудабыз. Ташкент болсо кыргыздар менен тажиктердин бир фронтто болушун каалабайт, тескерисинче өз ара араздашып турушуна кызыкдар. Ал эми Сохтун тургундары чоң саясат оюнунда жөн гана пешканын ролун аткарып жатканын ойломок турсун билишкен да жок,–деп айтты.

Акыйкатчы болчу кимиңер?

Кыргыз парламенти жакын арада өлкөнүн акыйкатчысын тандайт. Акыйкатчыга кандай инсан керек?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Курманбек Осмонов, Адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борбордун жетекчиси Жениш Төрөев жана Коомдук иликтөөлөр институтунун директору Рита Карасартова.

“Азаттык”:
Курманбек мырза, Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети акыйкатчынын ордуна сунушталып жаткан 18 талапкерди бекиткен. Кандай негизги критерийлерге карап тандадыңыздар?

Курманбек Осмонов: Акыйкатчы орунга негизинен укуктук, саясий тажрыйбасы, билими бар, андан сырткары турмуштук жактан тажрыйбасы бар адамдын болгону максатка ылайыктуу. Ошондой эле адамдын мүнөзүн ачкан критерийлер бар, ошонун негизинде тандадык.

Ар кайсы фракциялар, депутаттык топтор ар кимдин талапкерлигин карап жатышыптыр. Жалпысынан 30га жакын киши бар экен. Биз өз фракциябызда төрт талапкерди жактырып, аларды колдойбуз деп чечкенбиз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Укук коргоочулар кеңеши акыйкатчы шайлоону саясатташтырбоо тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогон эле. Акыйкатчыны тандоо чын эле саясатташып кеттиби?

Курманбек Осмонов: Парламенттин номенклатурасына кирип, андан өтө турган кандай кызмат орду болбосун белгилүү бир деңгээлде саясатташат. Анткени парламентте жалаң саясатчылар отурушат. Ошондуктан тандоодо симпатия, антипатия болуп ар кайсы фракциянын көз карашы ар кандай болот.

Рити Карасартова: “Акыйкатчы институту жөнүндө” мыйзамда акыйкатчыны коомдук уюмдар сунуштайт деп көрсөтүлгөн. Кийин фракциялар караш керек болуп калган. Бирок талапкерлерди сунуштасаңар болот деп жарыялагандан кийин дагы биздин сунушту кабыл албай, айрым фракциялар өздөрүнүн талапкерлери бар экенин айтышкан. Негизги мыйзамда жазылгандан кийин мындай кылган туура эмес.

Көп эле өлкөлөрдө акыйкатчынын кызматына талапкерлерди жарандык коомдор сунуштап, парламент жөн эле бекитип беришет экен. Биздики башынан эле өз талапкерлери бар экенин айтып жатышат. Партиялардын бул орунга өз адамдарын коюп, шайлоого келгенде дагы бир ресурс катары пайдалануу аракетин байкап жатабыз. Анткени бул институттун ар кайсы аймакта өкүлчүлүктөрү бар. Мындай шартта адамдын укугун коргоо экинчи планга калып калат.

Жениш Төрөев: Парламентте бекитилгенден кийин акыйкатчы – саясий фигура. Бирок талапкер саясаттан алысыраак болуш керек. Ал негизинен чектелген адамдардын тобун же партиянын кызыкчылыгын коргобой, мыйзамды, адамдардын укугун, жалпы коомчулуктун кызыкчылыгын коргош керек.

Акыйкатчы парламент болобу, башка бийлик бутактары болобу көз карандысыз болушу керек. Экинчиден, бул институт чоң аппарат, ар бир аймакта өкүлчүлүгү бар. Акыйкатчы өзүнүн пиарын кылбай аларды көбүрөөк иштетиш керек. Ошондо пайдасы да көбүрөөк болот.

"Кыргыздардын кыскача тарыхына" 100 жыл

"Кыргыздардын кыскача тарыхына" 100 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Көрүнүп турган көмүскө экономика

Көмүскө экономика Кыргызстанда көбүнчө курулуш, соода-сатык тармагында кездешет.

Бийликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 40 пайызга жетет. Аны ачыкка чыгаруу боюнча көп сөздөр айтылып, бирок натыйжалуу чечимдер кабыл алына элек. Көмүскө экономика кайсы тармактарда өөрчүгөн?


Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 39% түзөт. Бул деген жалпы экономиканын жарымына жакынынан салык, социалдык төлөмдөр төлөнбөйт дегенди билдирет. Эгерде ушул төлөмдөр толук жыйналса бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго көбөйөөрүн да министрлик белгилейт.

Экономика жана антимонополдук саясат министрилигинин көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча башкы адиси Тилек Саякбаевдин айтымында, көмүскө экономика бардык эле тармакта бар. Бирок негизинен тейлөө жана башка тармактарда орун алган:

- Бизде бардык тармакта орун алган. Салыштырмалуу айтканда тейлөө тармагында аябай көп. Курулуш, соода-сатык тармагында да көмүскө экономика көп. Биз азыр кайсы тармакта көбүрөөк, кайсы тармакта азыраак экенин аныктап, кайсы жагында көбүрөөк болсо, ошол жерге артыкчылык берип, чара көрөбүз.

Саякбаевдин айтымында, тартип коргоо органдары мурун пара алууга көбүрөөк ыктаган болсо, азыркы кезде көмүскө экономиканы калкалоо менен пайда көрүүгө өтүүдө. Бул дагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда кыйынчылыктарды пайда кылган жагдайлардан.

Баңгизаттарын жана курал-жарак сатуу да көмүскө экономиканын бир тарамы болуп кеткен. Кыргызстан баңгизаттарын ташуунун жолунда турат. Андан 500 млн. доллардай акча калып жатканын адистер белгилешет. Ал акча да кадимки базарга түшүп айланууда.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров тейлөө, соода-сатык тармагында көмүскө экономика көп дегенге кошулат. Бирок алардын катары мамлекеттик монополист ишканалар менен толукталат деп эсептейт:

- Бизде монополисттер бар. Электр энергетика тармагы, аэропорт, темир жол бар. Мына ушул жерлерде бизге көрүнбөгөн, көмүскө бир топ акча айланып жатат. Бюджетке тиешеси жок. Элдин баары аларга төлөп жатат. Электр энергиясы үчүн төлөп жатабыз. Тамак ичсек, кафеге кирсек, мончого барсак бүт эле эл төлөп жатат. Элде күнөө жок. Бирок ошолордон акча чогулта албай жаткан бийлик күнөөлүү. Ошондой системага өздөрү кызыкдар болуп жатат.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, көмүскө экономиканын көлөмү Кыргызстанда 50% тегерегинде. Аны ачыкка чыгаруу үчүн салык төлөөнү жөнөкөйлөтүү зарыл. Маселен, салыктын бир эле түрүн калтырып, бирок баарынын төлөөсүнө жетишүү керек.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин пикиринде, салык системасында ишкерлерге салык төлөөнү ыңгайлуу, ал эми төлөбөө ыңгайсыз болгондой шарт түзүү керек. Ал үчүн салык төлөбөгөндүк үчүн жазаны катаалдантып, ал эми төлөө шартын ачык жана ыңгайлуу кылуу зарыл.

Кыргызстандын көмүскө экономикасындагы дагы бир жагдай - экинчи бухгалтерия деген түшүнүк. Бул расмий түрдө берилген айлык акыдан сырткары, конвертке салынып маяна берилиши. Конвертке салынып берилеген айлыктан эч кандай салык жана социалдык төлөмдөр алынбайт. Адистер мындан да мамлекет жоготууга учурап жатканын белгилешет.

Айдоочулар митингге чыкты

Айдоочулар митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Күн тартибинде адам жана чек ара

Коопсуздук түшүнүгү глобалдашкан азыркы заманда Кыргызстан кайсы милдеттерди аркалап, аны кантип ишке ашыруусу керек?

Кыргызстандын улуттук кеңеши өлкөнү 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны 14-январда кабыл алды. Беш жылда аткарыла турган бул стратегиялык документке улуттук коопсуздукту сактоо жаатындагы милдеттер да киргизилген.

Согуштук, террорчул аракеттер дүйнөнүн, анын ичинде Борбор Азиянын баш оорусуна айланып турган бүгүнкү шарттагы Кыргызстандын багыт-милдеттерин “Азаттык” "арай көз чарай" талкуулады.

Ага мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдер доктору Аликбек Жекшенкулов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо, дин уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, дин социология илимдер доктору Маметбек Мырзабаев катышты.

“Азаттык”: Чындыгында эле дүйнөдө болуп жаткан окуялар алдыда коркунучтар жана тобокелчиликтер бар экендигинен кабар берип турат. Ушундай жагдайда улуттук коопсуздукту сактоо багытында алдын алуучу чараларды көрүү ар бир мамлекеттин эле башкы багыттарынын бири болуп калды. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

Жаңы кабыл алынган стратегияга коопсуздук чараларынын өзүнчө бөлүп киргизилиши да мындан кабар берип турат. Анда дээрлик өлкөнү тышкы-ички коркунучтардан сактоо, аймактык бүтүндүктү, чек араны бекемдөө, Конституциялык түзүлүштү коргоо өндүү багыттар белгиленген экен. Кандай дейсиздер, Кыргызстан улуттук коопсуздук жаатында бүгүн кечигүүсүз колго ала турган маселелер кайсылар?

Аликбек Жекшенкулов: Мен бул чоң документти окуп чыктым. Негизинен эки чоң багыт бар. Бул – улуттук идеология, коопсуздук маселелери жана экономика. Эгер улуттук коопсуздук маселелерин айтсак, менимче, аракеттер негизинен текстте байкалат. Бирок, тилекке каршы, бул документ үстүртөн болуп калган. Мына ошол эле стратегияны талкуулаганда дагы чек ара маселеси айтылган турбайбы. Менин оюмча биринчи кезекте чек ара Өзбекстан, Тажикстан менен негизинен чечилиш керек деп жазыш керек.

Негизи коопсуздукка коркунуч келтире турган, глобалдык алкакта такталган өзөктүү маселелер терроризм, экстремизм, наркотрафик, легалдуу эмес миграция, адам сатуу өңдүүлөр экендиги жалпыга белгилүү. Ошолордун ичинен биз тандашыбыз керек.

Бул жерде (стратегияда – ред.) бир жакшы нерсе жазылып турат: адамдын жеке коопсуздугун коргош керек деп. Биринчиден, чек ара, андан кийин адамдын жеке коопсуздугу сакталышы керек, артыкчылык берилиши керек. Ошондо жалпы мамлекеттин көз карашы өзгөрүлгөн болот.

Мен кандайдыр бир бул ар кандай документтерден чогултулган деген пикирде калдым. Мисалы, экинчи баптагы 2.8, 2.9 деген пункттарда тышкы саясатта эң биринчи инвестиция маселеси коюлган. Тарыхын карасак негизи тышкы саясат коопсуздук маселелерден келип жаралган. Эгерде Кыргызстанда стабилдүүлүк жана тынчтык болсо инвестиция келет. Баш аламандык болуп же терроризм күчөп турса эч ким келбейт. Ошон үчүн эң орчундуу маселе тышкы саясатта коопсуздук болушу керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Маметбек Мырзабаев: Коопсуздук жөнүндө түшүнүгүбүз акыркы кездери өзгөрбөй эле илгерки бойдон калып калгандай. Ал эми дүйнө жүзүндө, эл аралык мамилелерде, тышкы саясатта коопсуздук түшүнүгү өзгөрүп жатат. Илгери, мисалы, Союз убагында мамлекеттик коопсуздук биринчи орунда турчу.

Чек араны бекемдешибиз керек, мамлекеттин бүтүндүгүн сакташыбыз керек деген сыяктуу. Азыркы кезде коопсуздук теориясы, коопсуздук концепциясы өзгөрдү. Кандай өзгөрдү? Азыркы кезде жарандын коопсуздугу, аймактын коопсуздугу алдыга чыгып атат.

Стратегияны окуп көрсөңүздөр, чынында эле Аликбек агай айткандай жарандык коопсуздук биринчи жолу алдыга коюлуп жатат. Муну мен алдыга жылыш катары эсептейм. Ал эми регионалдык коопсуздукту глобалдуу түрдө карабасак чече албайбыз. Коңшулар менен эсептешип, алар менен сүйлөшүп, диалог аркылуу чечүү керектигин бул документтен көрсө болот.

Ал эми диний терроризм жана экстремизм жөнүндө айта турган болсок диний радикализм коркунучу глобалдашып баратат күн өткөн сайын. Азыр күн өткөн сайын диний агымдар, топтор глобалдуу иштерди алып барып атышат. Булар белгилүү бир, мисалы, Өзбекстан ислам кыймылын алып карайлы, Өзбекстандан эчак эле чыгып кеткен. Булар Тажикстанда, Кыргызстанда, Ооганстанда бар, көптөгөн мамлекеттерде бар. Ошондуктан коопсуздук маселесинин диний тармагына да глобалдуу өңүттө карашыбыз керек.

Блейктин сапары: башкы тема базабы?

16-17-январда Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк эки күндүк иш сапары менен келип, Кыргызстан жетекчилиги менен кездешет.

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк баштаган делегация Бишкекте Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушкандан тышкары, америка-кыргыз алакаларын талкуулаган кеңешменин экинчи жыйынына да катышмакчы. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

- 16-январда Роберт Блейк мырза мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушмакчы. Ал эми кеңешме 17-январда өтөт. Бул кеңешүүнүн алкагында эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири тармагы талкууланат. Маселен, анда экономикалык алакалар, коопсуздук жаатындагы кызматташуу, маданий-гуманитардык тармактагы иш-аракеттер, саясий-дипломатиялык алакаларды мындан ары бекемдөө бар.

Эки тараптуу алакаларды талкуулаган биринчи кеңешме 2011-жылдын июнь айында Вашингтондо өткөн. Кадырбеков бул жолугушууда “Манастагы” транзиттик жүк ташуучу борбордун мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болоор-болбосун ырастаган жок. Бирок “Америка добушу” радиосунун жазганына караганда, Роберт Блейк Борбор Азия сапарына аттанып жатып, Кыргызстан менен АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборунун мөөнөтүн узартуу боюнча да сүйлөшөрүн билдирген.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, бул жолугушууда негизги тема транзиттик борбордун мөөнөтүн узартуу болот. Бирок Сариев ал Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүсүнөн көз каранды дейт:

- Менимче, Алмазбек Атамбаев өз позициясын ачык айткан. Ал ошондон тайбайт. Бирок АКШнын дипломаттары транзиттик борборду калтырганга аракет кылат. Транзиттик борбор боюнча Орусия менен АКШ эле калсын деп чечпесе, Кыргызстан бир жаңсыл эле аны чыгаруу боюнча позицияны кармайт. Транзиттик борбор башка бир макам менен калышы мүмкүн. Ал АКШнын Орусия менен сүйлөшкөнүнө, тил табышканына жараша болот.

Ар ким өз көмөчүнө күл тартат

Транзиттик борбордун мөөнөтү 2014-жылдын июнь айында аяктайт. Атамбаев анын мөөнөтү узарбай турганын бир канча ирет кайталаган. Ал эми эл аралык маселелер боюнча талдоочу Эмил Жураев Кыргызстан АКШнын транзиттик борбору боюнча чечим кабыл алууда аймактагы коопсуздукка да жоопкер экенин эске алышы керек дейт.

- Акча же экономикалык кызыкчылыгыбызга, же Орусия менен жүргүзгөн кызыкчылыгыбызга дал келеби деп эмес, коопсуздук, ошол эле Ооганстандагы туруктуулукка, Орто Азиядагы туруктуулуктун суроолоруна жооп береби деп, ошолордун нугунан карашыбыз керек. Кыргызстанга кандайдыр бир база, мейли аны кандай атабайлы, ал Кыргызстандын аймактагы деңгээлине таасири кандай болот деп, ошого жараша чечилгени оң.

Кантсе да, америка-кыргыз жолугушуусу Кыргызстан менен Орусия ири экономикалык жана аскерий долбоорлорду баштаган мезгилге туш келүүдө. Маселен, буга чейин “Манастагы” транзиттик борбордун ордуна логистикалык борбор куруу боюнча Орусия менен Кыргызстан ортосунда сүйлөшүүлөр башталган.

26-27-декабрда “Россавиациянын” жана бир топ орусиялык авиакомпаниялардын өкүлдөрү Бишкекке келип, “Манас” аба майданынын абалы менен таанышып кетишти. Андан тышкары Орусиянын миллиондогон долларлык энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, аскерий куралдарды берүү максаттары да бар.

“Манастагы” транзиттик борбор америка-кыргыз алкасындагы негизги орунду ээлейт. Маселен, ТИМдин билдиргенине караганда, АКШнын Кыргызстандын соода жүгүртүүдөгү үлүшү болгону 3,2 пайызды гана түзөт. Ал эми эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2011-жылы 211 млн. долларды түзсө, өткөн жылдын биринчи алты айында 127 млн. доллар болуп, 9 пайызга жогорулаган.

Полковниктин өлүмү: кимдин карааны көрүнөт?

Толкунбек Шоноевди акыркы сапарга узатуу, 13-январь, 2013-жыл

Ошто киши колдуу мерт кеткен полковник Тoлкунбек Шоноевдин өлүмү боюнча алгачкы маалыматтар белгилүү боло баштады.

ИИМдин маалыматы боюнча, 11-январда киши колдуу болуп жан берген аталган министрликтин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрдү деп шектелген адам 13-январда Бишкекте кармалды. Ал мурда бир нече ирет соттолгон 24 жаштагы Жылдызбек Карамбаев аттуу жаран болуп чыкты.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Карамбаев өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү экени айгине болду:

- Кармалган адамдын кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү экени дайын болду. Бирок Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп-болбогонун так айтуу кыйын. Учурда мындай маалыматтардын баары комплекстүү түрдө тергелип жатат.

Толкунбек Шоноев
Толкунбек Шоноев
Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшү боюнча ички иштер министринин орун басары Болот Абакиров башында турган тергөө тобу иликтеп жатат. Министрлик болсо полковниктин өлүмүнө дагы башка шектүүлөр тууралуу так маалымат берген кишиге бир миллион сом сыйлык берерин жарыялады.

Буга чейин “24.kg” маалымат агенттиги ИИМдеги өз булактарына, Коомдук канал болсо Бишкек ШИИБнын башчысы Мелис Турганбаевге шилтеме берип, кармалган адамдын Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири делип, эл аралык издөө жарыяланган Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деген маалыматты тараткан болчу.

Алманбет Анапияевдин адвокаты Самат Заков Бишкектеги маалымат жыйында Шоноевдин өлүмүнө Анапияевдин тиешеси жоктугун билдирип, президент Алмазбек Атамбаевге жана күч органдарынын башчыларына кайрылуу жолдоду. Адвокаттын айтымында, Алманбет Анапияевге жеке өчү бар адамдар кырдаалдан пайдаланып, аны каралоо аракетин көрүп жатат:

Маркумдун апасы менен зайыбы.
Маркумдун апасы менен зайыбы.
- Бул өлүмгө Алманбет Анапияевдин эч кандай тиешеси жок. “24.kg” агенттигинде жарыяланган жана КТРКнын “Ала-Тоо” программасынын Бишкек ШИИБнын башчысы Мелис Турганбаевдин Карамбаевдин анын кылмыштуу тобунун мүчөсү деген маалыматы негизсиз. Негизинен эле Анапияевди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп айыптагандары да жалган маалымат. Мен анын адвокаты катары укугун коргоп жаткан адамга жалган жалаа жабууну токтотууну суранам.

Заков азыр Араб Эмираттарында жашаган Анапияев өзүнө коюлган айыптардын негизсиздигин далилдөө үчүн Кыргызстанга келүүгө камынып жүргөнүн кошумчалады.

Анткен менен Мелис Турганбаев жетектеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун катышы бар болгону далилденип жатканы билдирип жатышат. Башкармалыктын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, Карамбаев Алманбет Анапияевдин жакын адамдарынын бири экени тууралуу маалымат бар:

- Мелис Турганбаев канча жылдан бери уюшкан кылмыштуу топторго каршы иштеп келген. Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары, мүчөлөрү тууралуу маалыматы бар. Ошонун негизинде ушундай маалыматты айткан. Каза болгон полковник Шоноев Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн камакка алып, иш жүргүзгөн. Ошондуктан түздөн-түз ошол тарапка маалыматтар кетип жатат.

39 жаштагы Алманбет Анапияев “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин оң колу катары өлкө түштүгүндө кылмыш чөйрөсүн кармап келгендиги айтылып жүрөт. Аны 2003-жылы Кадамжай райондук соту карактоо фактысы боюнча сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок үч жылдык сыноо мөөнөтүнөн соң абактан чыккан. Андан соң Кылмыш кодексининин адам уурдоо, талап-тоноо сыяктуу беренелери боюнча бир нече оор айыптар тагылган.

Анапияев өлкөдөн качып кеткен соң, ага сыртынан айыбы угузулуп, эл аралык издөө жарыяланган. Былтыркы жылдын аягында АКШ бийлиги Анапияевди Камчы Көлбаев менен бирге эл аралык кылмыштуу топко тиешеси бар деп таап, банк эсептерин камакка алган.

"Кебиңди жума намазда айт"

Соңку кезде бийликтердин экологияны коргоого, тартипти сактоого жума намаздарга барып, чакырык таштоосу көнүмүшкө айланып баратат. Бул мамлекеттик мыйзамдарга ишеничтин жоктугубу же коом мыйзамдар менен эмес, түшүнүктөр менен жашоого өткөнүбү?

“Арай көз чарай” талкуубуздун коноктору - коомдук ишмер Кубатбек Байболов, муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов жана теолог Самаган Мырзаибраимов болушту.

"Азаттык": -Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарга акыр-чикирди таштабоо, көчөлөрдөгү тазалык жана башка ушул сыяктуу маселелерди коомчулукка жеткирүүдө жума намаздарда активдүү иш алып барып жатат. Кубат мырза, бул көрүнүштү азыр мыйзамдын аткарылышына караганда жума намаздагы түшүндүрүү иштери таасирдүү болуп калды десек болобу?

Кубатбек Байболов: -Бул демилгени өзгөчө кырдаалдар министри көтөрсө, демек бул өкмөттүн саясаты десек болот.

Демек мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтер өз милдеттерин аткара албай, маалымат каражаттарына эл ынанбай, айла кеткенде диниятчыларга кайрылып жатышат десек болот. Мыйзамдардын таасири жоголуп, башка жолдорду издеп калдык деп түшүнсөк болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Мечитте өз саясатын жүргүзүп, динди платформа катары колдонуу менен мамлекет динди популярдаштырууга салым кошкон жокпу? Динге ыктап бараткандай туюлбайбы?

Самаган Мырзаибраимов
Самаган Мырзаибраимов
​Самаган Мырзаибраимов: -Кыргызстандын өнүгүшүнө, ошол эле экологияны сактоого, тазалыкты кармоого салым кошуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айтпаса деле муфтияттын милдети болуп эсептелет.

Эгерде саясатчылар, мисалы шайлоодо муну шайлагыла деп муфтиятка тапшырма берилсе, анда бул светтик деген өлкөгө, диндин табиятына туура келбеген көрүнүш болот.

Равшан ажы Эратов: -Мен муну мамлекеттин динге кийлигишүүсү деп эсептебейм. Баарыбыз бир эл, бир жербиз.

Равшан Эратов
Равшан Эратов
Өзгөчө кырдаалдар же коогалаң, айтор ушундай учурларда биздин элге жетүүдөгү салымыбыз үчүн саясатташтырбаш керек. Биз муну тескерисинче колдойбуз.

Байболов: - Кандай болгон күндө да мамлекет динге уттуруп бараткандын биринчи белгилери байкала баштады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG