Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:51

Кыргызстан

Премьер "миллионер-милиционерди" билет...

ИИМ өз ичиндеги тартип бузууларды, кылмыштуулукту аныктап, алдын алуу үчүн атайын инспекция түздү.

Жакында ИИМдин коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев милиция чоңдору сойку бизнесин, сауналарды калкалайт, күмөндүү кирешелерге хан сарайларды салып, ресторан-кафелерди ачышат деп кескин сындаган эле. Мындан улам ИИМ өз ичиндеги мыйзам бузууларды аныктоо үчүн атайын инспекция түздү.

"Комбайн" деген ким?

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев милициянын жылдык жыйынында айрыкча күмөндүү киреше таап, бир катар ресторан-кафе ачкандар бар экенин айтып, Оштогу “комбайн” деген каймана аттуу бир полковникти мисалга тарткан:

- Бандиттериңердин кличкасын, кликухасын, кайда жашаганынан өйдө билесиңер. Анда эмнеге кармабайсыңар? Кандайдыр бир кызыкчылыктар пайда болдубу? Коомчулукта катардагы эле полковниктердин 2 миң метр квадратты ээлеген хан сарайлары бар деп айтылып жатат. Кайсы кирешесине салып жатат? Ошто “комбайн” деген кличкалуу полковнигиңер бар. Мен билгенден транспорт милициясында иштейт. Анын Ошто ресторан, кафе-чайханалар түйүнү бар экен. Ал каражатты кайдан алган? Кана силердин ички коопсуздук кызматыңар? Бир порция лагман, же төрт манты жесеңер да бир курсак акыры тоёт. Токтотуш керек. Тартипке салыш керек.

Божомолдор боюнча, сөз ИИМдин транспорт башкармалыгынын Ош бөлүмүндө иштеген полковник тууралуу болуп жатат.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Рустиван Токтоналиев бул полковниктин аты-жөнү аныкталып жатканын айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартты:

- Биздин ИИМдин ички коопсуздук кызматы ал боюнча иштеп жатат болушу керек. Биз өзүбүз да теришитирип жатабыз. Бирок андай полковникти аныктай элекпиз. Эгерде премьердин өзү ошол полковниктин аты-жөнүн айтса, анда биз айтып беребиз. Эгерде сиздер жөн эле “бизге бул, же тигил айтты” десеңер анда комментарий бербейбиз. Бизге премьер жазуу түрүндө аты-жөнү ушундай деп берсин.

ИИМге ишеним качан артат?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин сын пикирине жооп иретинде ички иштер министри Шамил Атаханов сауна, сойку бизнесин калкалаган айрым кызматкерлер кармалып, кылмыш иш козголгонун маалымдады:

- Мисалы кээ бир кызматкерлер бирөөлөргө маңзат сала коюп кармап, андан кийин ири суммадагы акча өндүрүп алып турган. Ошондуктан эң башкы максаттын бири – ушундай көрүнүштөрдү тыюу. Мунун баары Ички коопсуздук кызматынын ишиндеги алешемдик. Алар мунун алдын алган эмес. Эгер 2012-жылы уюшма кылмыш топтун 65 мүчөсү кармалса, тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы 118 кылмыш иш козголгон. Ошондуктан жарандар “куралчан, кылмышка аралашкан милиция кызматкерлери коомго көбүрөөк коркунучтуубу, же уюшма кылмыш топторбу?”, - деп сураганга акылуу.

Кыргызстанда ИИМ коррупцияга малынган органдардын алдыңкы сабында турганы белгиленип жүрөт.

“Биздин укук” коомдук уюмунун жетекчиси Калича Умуралиеванын баамында, паракорчулукту күч менен азайтуу мүмкүн эмес:

- Милиция бул биздин коомдун бир бөлүгү гана. Ошондуктан аларды биздин коомдогу жалпы коррупциялык схемалардан бөлүп кароо туура эмес. Көп эле өлкөлөрдө тартип коргоо органын коррупциядан тазалап турган ички коопсуздук кызматы бар. Бирок бул аздык кылат. Биздин милициянын мындай кызматынин иши мени канааттандырбайт. Анткени ал өзү коррупцияга малынган кызмат. Ошондуктан жарандык коом такай мониторинг жүргүзүп туруш керек. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары да кошулушу зарыл. Күч колдонуу менен корруцияны азайтуу мүмкүн эмес.

2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт күч органдарын реформалоону максат кылган. Мурунку премьер Өмүрбек Бабанов тартип коргоо органдарын тазалоону МАИ кызматкерлеринен баштайм деп сөз берип, бирок аягына чыкпай калган. Ал эми жаштар тобу милицияны кайра түзүүнүн өз программасын сунуштап келатат.

Кыязы, милиция системасын реформалоо бир гана каалоо-тилектен кыйла кыйын жана узак мөөнөттү түйшүк окшобойбу.

Өзгөчө адамга башкача кеңсе

Бекназаровго кылмыш иши козголдубу?

Азимбек Бекназаров оппозиция уюштурган Элдик курултайда, Бишкек, 2010-жылдын 17-марты.

Ыңкылаптардын “бульдезору” аталган Азимбек Бекназаровго байланыштуу кылмыш иши козголгону айтыла баштады. Башкы прокуратура иликтөө иштери гана жүрүп жатканын тастыктаса, Бекназаров жардамчылары суракка чакырыла баштаганын билдирди.

Азимбек Бекназаровдун 28-январда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кылмыш иши 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин түштүк регионду турукташтыруу үчүн бөлүнгөн 10 млн. сомго байланыштуу козголгондой. 10 млн. сом Бекназаровго берилип, ал тарабынан тийиштүү адамдарга таратылган.

Бекназаров өзү суракка чакырыла электигин, бирок жардамчылары чакырылганын билдирди:

- Мени чакырыша элек. Бирок балдардын баарын чакырыптыр. Менин ошол кездеги жардамчыларымды, акчаны алып кеткен балдарды чакырышыптыр. Ошолордун баары мага айтышты.

Бекназаровдун айтымында, 10 млн. сом ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын буйругу менен бөлүнгөн. Мына ошол каражаттын эсебинен 13-апрелде Жалал-Абадда, 14-апрелде Ошто курултай өткөрүлүп, жаңы губернаторлор шайланган. Жалал-Абадга Бектур Асанов, Ошко Сооронбай Жээнбеков шайланган. Жасалган иштер жана коротулган акчалар боюнча Убактылуу өкмөткө маалымат берилген.

28-январда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп бергенин Азимбек Бекназаровдун жакындарынын бири Исраиль Шериказиев билдирди. Анын айтымында, суроолор 2010-жылы түштүк облустарды турукташтыруу үчүн бөлүнгөн 10 млн. сом боюнча болду:

- Эми ошол турукташтыруу үчүн бөлүнгөн акчанын суммасын сурашты. Барганбы, барган эмеспи, каяка жумшалды, ошолорду сурашты.

Ал 29-январга Башкы прокуратурага Бекназаровдун дагы бир пикирлеши Сартбай Жайчыбеков да чакырылганын тастыктады.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев болсо маселе иликтенип жатканын айтат:

- Жооптуу кызматкерлерден сурасам, материал изилденип жатат деди. Ал эми бизге расмий маалымат түшө элек. Эгерде бизге расмий түшсө эле дароо таратмакбыз.

Белгилүү болгондой, өткөн жумаларда “Элдик кайрат” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да маалымат жыйынын өткөрүп, апрель ыңкылабы учурунда өкмөт үйүнөн 16 млн. сом алынып, ал Азимбек Бекназаровго берилген деп билдирген. Башкы прокуратура мына ушул билдирүүнүн негизинде да иликтөө жүрүп жатканын кабарлоодо.

Ал эми Азимбек Бекназаров 16 млн. сом ошол кезде эле документалдуу түрдө Улуттук банкка тапшырылган дейт.

Азимбек Бекназаров жана Темир Сариев апрель ыңкылабы учурунда банк уячаларын талап-тоноого катышкан деген сөздөр да уу-дуу болуп айтылып келген. Башкы прокуратура бул маселени иликтеген. Бирок кылмыш болгон деп кабарлап чыккан эмес. Бекназаров бул айыптоолорго жооп берип жатып “эгерде күнөөм болсо, мени камашсын” дегени маалым.

Өткөн жылы “Эл үнү” аттуу оппозициялык кыймыл түптөгөн Азимбек Бекназаров апрель ыңкылабы учурундагы тилектеши Алмазбек Атамбаевди акыркы мезгилде кескин сынга ала баштады.

Жарма-патриоттордон жапа чеккендер

Кыргызстандагы индиялык студенттер Бишкектин четиндеги лыжа базасында. 26-январь, 2013.
Дем алыш күнү тоо лыжа базасына барып, мына ушул сүрөттөгү жигиттер менен кокустан таанышып калдым. Кыргызстанда билим алып жаткан индустар экен. Алар лыжа тепкенди үйрөнгөнү келишкенин, Кыргызстандын абасы, тоосу жагаарын айтып бүткөнчө эле чыштай кийинип, көз айнек тагынган, жашы 40тар чамалуу кыргыз байке келип, заматта чаң-тополоң салып кирсе болобу! “Ушулар көптү тайраңдап, буларды каерде жүргөнүн эсине салып коюш керек!”, - деп кыргызчалап опузага өттү да, индустарды орусчалап сөгүп кирди.

“Эсиңерге түйүп алгыла, силер Кыргызстанда жүрөсүңөр, тамеки чексеңер атайын урнага таштагыла, Кыргызстанды башыңарга кийип алдыңар”, - деп ар бирине ызырынып сөөмөй кезеп, уруп жиберчүдөй атырылды. “Байке, булар сизге эмне жазык кылды, чөнтөгүндөгү тыйынын кыргыз тоосуна таштап кетип жатышпайбы?”, - деп арачы түшкөн мени кошуп ашатты. Бир аз алагүү окшойт деп ойлодук баарыбыз, бирок ал индустардын бирөөсүнө кайрылып, “Лаа илааха илла Аллах” деп айтуусун талап кылды эле, тиги индустун тили келбей койду. “Буддистсиңер силер!”, - деп туруп индус жигитти жаакка эки чапты. Аябай ызаланып, эми бозала болуп, үйлөрүнө кайтат го деп ойлоп турсам, антишпеди, көрсө бул окуя мага өтө таңкалычтуу жана осол көрүнгөнү менен, индустар эбак көнүп бүткөн окшойт...

Анча-мынча сыртка чыга калган кишиге бул окуя катуу таасир этти. Дүйнөнүн чар тарабында - Америка, Орусия, Кытай, ошол эле Индия, Кореяда миллионго жакын кыргыз иштеп, окуп, тиричилик кылып жүрүшөт. Аларды да эмне үчүн кыргызсың, көптүң же мусулмансың деп басынтып, ургулап кирсе кандай болот? Макул, Орусияда улутчулдардын жана милициянын азабын кыргыз мигранттары тартып эле жүрөт, бирок ошого өчөшүп Кыргызстандагы башка улуттарды кодулап киргенибиз туурабы?
Жаман оюнда индустарды ордуна коюп, тарбиялап салдым деген киши кеткенден кийин, алар менен бир топко сүйлөшүп калдым.

Мындай окуяларга алар эбак көнүп бүтүптүр, көчөдө угуза сөккөндөр, айрыкча милициянын акча сураган жоруктарын айтып беришти. “Жаныбызда акча жок болсо, милиция чөнтөктөгү тамекибизди алып калган күндөр болгон”, - деди бири. Биздин милициянын бул сыяктуу жоругун башка өлкөлөрдөгү кесиптештери укса, чалкасынан кетсе керек. Айрымдарыбыз көрбөй туруп сөккөн “жапайы” Батышта, мисалы, адашып калсаң же кандайдыр бир жардам керек болсо, ишенген кожосу - полиция эмеспи. “Мас болуп калсаң да полиция үйүңө чейин жеткирип коёт” деди эле бир ирет Токиодо окуган таанышым. Биздин милиция болсо... эми тамекисин шыпырып алып калганын айтканда бет чымырайт, чынбы?

Ушул окуядан кийин пакистандык жигитке турмушка чыккан кошунам Нүргүл эжени эстеп, ал күйөөсү менен Бишкекте кантип жашап жатты болду экен деп телефон чалдым. Анын жолдошу деле жыргабаптыр. “Бул кара жигитти кайдан таап алгансың деп базардагылардан бери сын тагышат”, - дейт Нүргүл. Эгер эле күйөөсү Саймон машина айдап калса, анда МАИчилер сөз жок токтотуп, болор-болбос шылтоо менен акча өндүрүшөт экен. Ал тургай 3 күн мурда машинасынын терезесин талкалап, Саймондун документтери менен кошо буюмдарын уурдап кетишиптир...

Чет өлкөлүк болгону үчүн аларды тоноп, уурдап, акча сурап же жаакка чаба берсе болобу? Кыргыз меймандос, берешен калкпыз деп өзүбүздү төшкө ургулайбыз. Бирок соңку убакта ашынган улутчулдар менен динчилердин, жарма патриоттордун улам чектен чыгып баратканы тууралуу баш катырган жоксузбу?

Улуттарды Мекен бириктирет

Нарындыктар бажы терминалы көчүрүлүшүнө каршы

Нарындагы митинг, 26-январь, 2013

"Кербен" бажы терминалы Балыкчыга көчүрүлөт деген кеп-сөздөрдөн улам нарындыктар митингге чыкты.

Ишемби күнү Нарын шаарынын борбордук аянтына чогулгандардын айрымдары “Нарын бажысы өзүнчө бөлүнсүн", “Кербен” терминалы Нарында калсын!” “Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов жана Чыгыш бажы жетекчиси Бакыт Акелеев кетсин!” деген баракчаларды көтөрүп турушту.

«Кербен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Муса Жусаев митингдин негизги талаптары катары буларды атады:

- Бүгүнкү митингдин катышуучулары мына 500дөн ашты. Нарында суук, жумуш жок, кыш алты ай болот. 140 адам ушул “Кербенде” иштеп, үй-бүлөсүн багат. Мына эми Балыкчыга көчүрүп кеткени жатат. Биздин токочту тартып кетип жатышат. Чукулда ГЭСтер курулат, жүктү бизден катташ керек. Бажы чек арада болуш керек да.

Чогулгандарга облус жетекчиси Канатбек Муратбеков, шаар мэри Баатырбек Жээналиев жана кыргыз өкмөтүнүн бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов чыгышты.

Шаар мэри Баатырбек Жээналиев “Кербен” терминалы Нарында калышына кызыкдар экенин билдирди:

- Менин оюмча, бажы терминалы Нарында болуш керек. “Кербен” деген ишкана түзүлүп, бизде бардык шарт бар болчу.

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов бажы терминалы жабылбасын айтып, Балыкчы шаарында транзиттик борбор курулуп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылды:

- “Кербенди” жабабыз деген маселе боло элек жана такыр болбойт. Анан брокерлер биз менен иштебейт, ушуну түшүнгүлө. “Кербен” жоюлду деген бир да кагаз жок. Биринчиден ал ачыла элек, 2010 жылдан баштап ал болгону убактылуу көзөмөл кылуучу бажы терминалы. Өкмөттүн токтому боюнча биз канча жолу кат жолдодук. Ал үч жылдан бери эч кандай лицензиясы жок иштеп жатат.

Митингде өзүн Жумабек деп тааныштырган ишкер “Кербен” терминалын жана ишкерлерди Бажы кызматы иштетпей жатканын айтты:

- Сиз теледен чыгып сүйлөбөдүңүзбү, “Кербен” терминалын иштетпейбиз деп. Балыкчыдагы менчик терминалыңызга алып кетем дедиңиз. Акелеев Кербенди да ишкерлерди дагы иштетпей жатат чынбы? Ошондон улам маселе көтөрүп жатабыз.

Андан ары митингчилер бажы жетекчисинин жообуна канааттанбай, кайым айтышуу күч алып кеткен соң облус башчысы Канатбек Муратбеков менен терминал жетекчилери облустук акимчиликтин ичине кирип кетишти.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин “баары өз ордунда калат” деген билдирүү болду, бирок митингге чыккандар “ишенбейбиз” деп бир топко тарабай турушту.

“Кербен” терминалы 2010-жылы түзүлгөн. Ал жерде Кытайдан товар алып чыккан жеке ишкерлер, жүк таашыган унааларды коштогондор жана таразада иштеген 140тай адам бар. Ишкана облустун өнүктүрүү коруна жылына эки миллион сомдон ашык каражат төгүп турат.

"Пушкинге теңтайлашкан талант"

Орус сынчылары Владимир Высоцкийге Пушкин менен теңтайлашкан талант деп баа берген.

Орус барды Владимир Высоцкий тирүү болсо быйыл 75 жашка чыкмак. Ал кыска өмүрүндө 700гө жакын ыр жаратып, 600үн өзү обонго салган экен. Бул ырлар анын бактысы да, шору да болгон. Авторитардык бийликке тийишип ырдаганы үчүн сый-ургалга жетпей дүйнөдөн өткөн. Анткен менен Высоцкийге болгон эл сүйүүсү азыркыга чейин өчө элек. Анын талантына таазим эткендер арасында кыргызстандыктар да бар. Алар 32 жыл мурда көз жумган ырчыны кантип эскеришти?

Высоцскийди унутпагандар

Эвакуация. МХАТ. Таганка. Бул Высоцкийдин ырлары. Бороондой буюккан кыска өмүрдүн баяны. Шамшардай курч, ошол эле маалда жупуну саптар. Дал ушул өзгөчөлүгү менен Высоцкийдин ырлары миллиондор жүрөгүнөн түнөк тапкандыр?

Таланттуу артист, бард ырчы Владимир Высоцкийдин чыгармачылык чыйыры 60-жылдары башталган. Бир эле убакта театрда иштеп, ыр жаратууга да билек түрө киришкен. Башкалардан айырмаланып, жабык өлкөнү даңктаган ырларды жазган да, аткарган да эмес. Бул тоң моюндугу үчүн ал советтик маданият аны акын катары да, ырчы катары да таануудан баш тартып, Таганканын актеру катары гана жазышкан.

Анткен менен бард ырчынын кырылдак үнү жазылган пленкалар колдон колго өткөн. Бул Высоцкийдин кадыр-баркын арттырып, чыныгы элдик акынга айланткан. Жашыруун концерттеринен киши үзүлгөн эмес.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рафаил Сарлыков бардык акындын таланты гүлдөп турган кезде мектепте окучу экен. Высоцский ошол күндөн тарта анын кумири болгонун минтип эскерет:

- Бул инсандын чыгармачылыгы менен 60-жылдардын ортосунда таанышкам. Эң биринчи киносу чыккан болчу “Вертикаль” деген. Ошондон кийин элге алынып кетти. Анын ыры жазылган пленкаларды бири-бирибизге берип укчубуз. Азыркыдай таза үн кайда, кырылдак-шырылдак. Ага деле карабайбыз, жата калып тыңшап...

Рафаил Зарлыков сөз арасында Высоцкийдин “Доско” аттуу ырын аткарып берди.

Бард ырчылар. Булардын башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде? Рафаил Сарлыков муну мындайча түшүндүрдү:

- Бард ырчылардын музыкасы анчалык деле жогорку деңгээлде эмес. Өтө жөнөкөй. Атайлап эле жөнөкөй жазылат десек болот. Бирок тексттин мазмуну аябай бийик. Ошонусу менен элге жаккан да. Ал учурда Галич, Окуджава деген бард акындар да чыккан. Булар бири-бирин колдоп турушкан. Айталы, Галичтин “Рота” деген ырын Высоцкий да аткарчу. Бул тыюу салынган ыр эле да. Согуш маалы сүрөттөлгөн. Биздин жоокерлер урушка киргенде артынан өзүбүздүн эле башка офицерлер кайтарып жүргөн экен да, качып кетпесин деп. Артка бурулду дегиче атып салышкан. Бир жолу досум экөөбүз “Ротаны” жаттап, анын апасына ырдап бердик. Ал киши мугалим эле “экинчи укпайын” деп тыюу салган. Эгер башка бирөөлөрдүн кулагы чалса, оңбой калмакпыз.

Колдон-колго өткөн үн тасмалар

Высоцкийдин таланты 70-жылдары өр алган. Жогорку Кеңешке “Республика” партиясынан келген депутат, мурдагы балбан Малик Осмонов бул мезгилде анын ырлары спорт залдарда да жаңырып турганын айтты:

- Тагдырынан адашкан адамдар көп укчу да муну. Мен мектепти 1975-жылы бүттүм. Ошол кезде Высоцкийдин ырлары аябай мода эле. Спорт залдарда машыгып жатып коюп койчубуз. Беш-алты пленкасы бар эле. Улам алмаштырып коюп, эки саат машыксак, эки саат тынбай укчубуз.

Высоцкийдин дагы бир күйөрманы, ырчы Сагынбек Момбеков. Ал бард ырчынын өлгөнүн Москвада №0536 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн кезде уккан экен. Бул учурда Советтер союзунда бүткүл дүйнөлүк Олимпиада өтүп жаткан.

Ырчы ал учурду минтип эскерди:

- Олимипада өтүп жаткан маалда каза болду. Эл көрүстөндү көздөй агылып жатты. Бизди сыртка чыгарчу эмес. Короонун ичинен шыкаалап карап турдук. Офицерлер эми орустар да, кайгырып жатканы байкалап турду. Бирок билгизбей иштеп жүрүштү. Кечинде бул кабарды айтабы деп телевизорду койсок, маалымат болгон жок. Аябай күттүк эле да. Гезитке гана кыскача некролог беришти.

Азыр Сагынбек Момбековго "кыргыздын Высоцкийи" деп баа бергендер бар. Бирок ал Высоцкий кумири болгонун, бирок аны туурабасын ушул жерден белгилей кетти:

- Ушуга такыр макул эмесмин да. Ал өз жолу менен ырдаган, мен өз жолум менен ырдаган кыргызмын. Биз эми советтик доордо өскөнүбүз үчүн Высоцкийди кумир тутуп калдык да. Мисалы ал ырдап жатып эле төгүп, какшыкты зырылдата берчү. Мен анте албайм. Атайын даярданып, ыр бышкан соң гана ырдайм.

Владимир Высоцкий 1980-жылы 25-июлда көз жумган. Диссидент акынды акыркы сапарга узатуу үчүн он миңдеген адамдар келген. Кийин орус гезитери мындай көрүнүш Москвада Сталиндин өлүмүнөн бери болгон эмес деп жазып чыгышкан.

Анклавдар: Жолдор жабык бойдон

Чек арадагы Чарбак айылынын тургундары, Баткен

Баткендеги Өзбекстандын Сох, Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавдарына жол качан ачылаары дале белгисиз.

Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында темир жолдогу чек аранын эки тарабында топтолгон жүк тарткан вагондор кыймылдай баштады. Кыргызстан менен Өзбекстан азырынча ушул токтоп турган жүктү ар кимиси өз тарабына өткөрүп алууну гана макулдашты. Темир жол бекеттеринин биротоло ачылар-ачылбасы да белгисиз.

Элдин эки талабы

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов узаган аптада Баткендин чек аралаш айылдарын кыдырып, элдин талабын угуп кайтты. Токон Мамытов Баткендин Өзбекстан менен чектешкен Чарбак, Согмент, Кайтпас, Жаш-Тилек айылдарынын жашоочулары менен жолугушканын айтып, алардын башкы талаптарына токтолду:

Токон Мамытов
Токон Мамытов
- Эл биринчи кезекте чек араны аныктап-тактоо иштерин аяктап, анан чек арабызды тоссо деп айтып жатышат. Экинчиден, коопсуздук маселеси. Чек аралаш айылдардын тургундары биздин, балдарыбыздын, айылыбыздын коопсуздугун сактап бергиле дешти.

Мамытов азырынча өзбек тарап менен анклавдарга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча гана макулдашуу ишке ашканын кошумчалады.

25-январь күнү Өзбекстан Кыргызстандын Баткен облусу аркылуу дээрлик үч жумадан бери изоляцияда калган Сох анклавына 31 чоң унаа менен азык-түлүк жана кара май алып барган. Өзбекстан ушул эле күнү өзүнүн Шаймерден айылына Баткен аркылуу 17 унаа гумжардамын да өткөрүп алды.

Ал эми Кыргызстан Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан 2 КамАз, 1 кичи автобус жана 4 жеңил машина гумжардамын Өзбекстандын Бирлешкен айылы аркылуу Барак эксклавына жеткирип, атайын дарыгерлер тобу барактыктардын ден соолугун текшерип, отуздай тургунду Кара-Суу райондук ооруканасына алып келип карашууда.

Буга чейин Өзбекстан темир жолдогу төрт: Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Жалал-Абад жана Шамалды-Сай өткөрмө бекеттерин жаап, Кыргызстандын жети жүздөй вагону чек аранын эки тарабында калган. Бул боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп, вагондор аз-аздан өткөрүлө баштады дейт Мамытов:

- Кара-Сууда эле 280 вагон турат, кечээ 22 вагон өткөрүлдү деди. Азыр да бирин-серин өтүп жатат. Көзөмөл өткөрмө бекеттери боюнча да сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз.

Токон Мамытов чек арадагы жүктөр ташылып бүткөн соң темир жол бекеттери кайрадан жабылышы мүмкүндүгүн, темир жолду толугу менен ачуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылаарын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох анклавындагы окуялардан кийин көпчүлүк чек ара бекеттери жабылган. 17-январда Өзбекстан 4 темир жол бекетин да жапкан болчу.

Эл эмнеге нааразы?

Анткен менен чек аралаш кыргыз айылдарынын тургундары бийликтерге дале нааразы болуп жатышат. Даттануубуздан такыр майнап чыкпай, эми айыл аксакалдарынан өкүлдөрдү атайын Бишкекке жөнөтүүгө камынып жатабыз дейт Баткендин чек арадагы Жаш-Тилек айылынын тургуну Касиет айым:

- Беш аксакалды Бишкекке жөнөтөбүз деп жатышат. Талаптарыбызды чечип беришсе жакшы болмок, кышта жумуш жок, көчөгө чыгып жолдорду тосуп, Өзбекстандын машиналарын өткөрбөй өзүбүз карап атабыз. Эртең эле жаз келсе талаа иштери башталат, анда биз эмне кылабыз? Өткөндө эле айылдан өкүлдөр Бишкекке барышса, баары чечилет деп жиберишкен экен. Аткарылган жок. Эми дагы 5 кишини Бишкекке жөнөтөбүз.

Ошентип 5-6-январда кыргыз-өзбек чек арасында болгон чатактан кийин чек араларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. Кыргызстан жаңжалдагы чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылып, Өзбекстандын Сох анклавына жолду жапса, 17-январдан тарта Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай” өткөрмө бекеттерине чектөө киргизип, Кызыл-Кыя өткөрмө бекетин 18-январдан бери толук жаап салган. Кийинчерээк эки өлкөнү туташтырган темир жол өткөрмөлөрү да өзбек тараптан толугу менен жабылган.

Чек аралардын жабылуусунан Өзбекстандын 60 миң калкы бар Сох районунун жана 300 чамалуу кожолук жашаган Кыргызстандын Барак айылынын тургундары жабыр тартууда.

Апта: Кумтөр чечими, депутаттар соту

Камактагы депутаттардын тарапкерлеринин акциясынан бир көрүнүш. Бишкек, 25-январь, 2013.

Өкмөт Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди бузууну жактады. Кайсы күчтөр үчүнчү ыңкылапты көтөрө баштады?

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча 2009-жылы “Центерра голд инк” менен түзүлгөн келишимден чыгууну чечти. Мындай чечим 24-январда болгон өкмөттүн жыйынында Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Өкмөттүн чечимин үч фракциядан турган башкаруучу коалиция да 25-январда карап, аны толугу менен колдоду.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, кыргыз өкмөтү келишимди бузуу боюнча “Центерра голд” менен сүйлөшүүгө барууга аракет жасайт. Эгерде андан натыйжа чыкпаса, бир жактуу түрдө келишим бузулат.

Кыргызстан келишимден чыкса, “Центерра голд” эл аралык сотко кайрылышы күтүлөт. Ал сотто Кыргызстан утулуп калышы да мүмкүн дейт Шыкмаматов:

- Албетте биз эл аралык соттордон утулуп калышыбыз толук ыктымал. Биз ошол тобокелчиликтерден корксок, анда ушул келишимдер 2042-жылга чейин иштей берсин дешибиз керек. Анда 953 тонна алтындын 260 тоннасы казылса, дагы 700 тоннасы эмне болот? Биз ага бара албайбыз. Аны баарыңыздар түшүнүп турасыздар. Экинчи маселе - эл тарабынан шайланган парламент жоопкерчиликти алып, келишимди денонсациялап салыш керек.

Башкаруучу коалициянын жыйынында эл аралык сотторго чейин Кыргызстан атынан "Камеко" жана “Центерра голд” менен келишимдерди түзгөн кыргыз чиновниктерин жоопко тартып, келишимдин коррупциялык жана көз бойомочулук мүнөздө экенин далилдөө керектиги айтылды.

Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев Кыргызстан үчүн эң зыяндуу келишим 2003-жылкы келишим экенин белгилеп, аны түзүүгө катышкан чиновниктердин ысмын атап өттү:

- Өкмөттөн Эмирлан Төрөмырзаев, Алымбаев, Макаров, Кириченко дегендер кирген. Жогорку Кеңештен Акылбек Жапаров менен Жеңиш Эшенкулов кирген. Премьер-министрдин кеңешчиси Богдецкий, аппарат башчысынан Мелис Сатыбеков, аппараттан Белковский, Жолдошев, “Кыргызалтындан” Камчыбек Кудайбергенов кирген. Мына ушул делегация бир айдын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "2003-жылкы келишим туура, буга кол коюш керек" деп жыйынтык чыгарып беришкен.

Белгилүү болгондой, 2003-жылкы келишим боюнча Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" 67% үлүшү кыскартылып, 33% болуп калган. 33% акциянын 17% дароо эле 82 млн. долларга сатылып кеткен.

2007-жылы "Кумтөр" боюнча кайрадан сүйлөшүү башталып, аны ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн.

"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" боюнча 1993-жылы, 2003-жылы жана 2009-жылы келишимдерди түзүүгө катышы барлардын баарын жазалоону сунуштады. 2009-жылдагы келишимге караганда Кыргызстандын үлүшү аз болгон келишим 2007-жылы даярдалган.

Кумтөр боюнча өкмөт кабыл алып жаткан чечим “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын корутундусунан аз эле айырмаланат. Эгерде Жапаров кенди улутташтыруу талабын койсо, Сариев жетектеген комиссия келишимден чыгып, жаңы келишим түзүүнү сунуштап жатат.

Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов өкмөттүн чечими Кумтөргө тезинен атайын башкаруучу дайындоо менен коштолуш керек деп эскертти. Куловдун айтымында, ансыз кенде иш токтоп калат же башка нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Кумтөрдү дароо көзөмөлгө алуу үчүн атайын башкаруучу киргизүү зарыл. Куловдун бул сунушун Темир Сариев колдоп, өкмөт жана парламент тийиштүү чечимдерди кабыл алыш керек деди.

Башкаруучу коалиция толугу менен Темир Сариев жетектеген комиссиянын корутундусун жана сунушун колдоду. Эми маселе парламенттин жыйынында каралыш керек. Ал эми “Центерра голд инктин” өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен дурустап сүйлөшүүгө келбей жатат. Мекеменин сайтында да кыргыз өкмөтү кабыл алып жаткан чечимдерге жооп бериле элек.

Жолду жаптырган жаңжал

Сох жаңжалы кыргыз-өзбек мамилесинде бири-бирине каршы чараларды көрүү жарышына же жол согушуна алып келди. Адегенде кыргыз тарап Өзбекстандын Риштан районунан Сох анклавына баруучу жолду коопсуздукка байланыштуу жапса, экинчи тарап Сох анклавынын жанында жайгашкан Кыргызстандын Бөжөй айылына бара турган жолду жапты. Ага удаа эле Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстандын Барак эксклавына жол жабылды.

Өзбек тараптын чечимдери андан кийин улам катаалданып отуруп, соңунда темир жолдорду жабууга алып келди. Ага чейин Ташкен "Достук" өткөрмө бекети баш болгон бир катар бекеттерди бир жактуу түрдө жапкан эле.

25-январда Кыргызстан Сох жана Шаймерден анклавдарына гуманитардык жүк үчүн жолду ачып берди. Өзбек тарап Баракка жол ачты. Бирок темир жолдор, өткөрмө бекеттер жабык турат.

Кыргызстан Нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев Өзбекстан аркылуу миңге жакын вагон өтпөй жатат дейт:

- Бүгүнкү күнү күйүүчү май жүктөлгөн 136 вагон Өзбекстандан чыкпай жатат. Кошуна мамлекеттин аймагынан өтө албай жаткан вагондордун саны миңге жакындап калды. Ошондуктан премьер-министр, президент Алмазбек Атамбаев тез арада киришпесе, биздин экономика үчүн абдан орчундуу маселе болуп жатат. Анткени жазгы талаа жумуштары башталганы турат.

Акенеевдин айтымында, өтпөй жаткан жүктүн арасында курулуш товарлары, жер семирткичтер, азык-түлүк бар.

Кыргызстан өкмөт башчысы же президенти Ташкен менен байланышка чыгып, маселени чечүүгө киришкени байкалган жок. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев темир жол маселесин министрлер деңгээлинде чечүүнү транспорт жана коммуникация министри Калыбек Султановго дайындаганы маалым.

Ошентип буга чейин эле мамилеси жылуу-жумшак болбогон эки кошуна мамлекет бири-бирине эшигин жаап, жолун тосуп отурган чагы. Кыш мезгилине окшоп тоңуп турган эки мамлекеттин мамилесин жумшартуу үчүн ким тарабынан жана качан кадам ташталары белгисиз. Болгону кыргыз тарап Ташкен менен тил табышуу үчүн активдүү аракеттерди көрүп жатканы, анын натыйжасы март айларында анык болоору айтылууда.

Абактан митингге умтулган депутат

Узап бараткан аптада Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовдун ишин кароону улантты. 3-октябрдагы митингден кийин камакка алынган депутаттар өздөрүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдиришти. Садыр Жапаров абактан чыгып калса, башкы максаты Кумтөр боюнча митинг уюштуруу экенин айтса, Камчыбек Ташиев 3-октябрда бийликти басып алуу болбогонун айтты:

- Эч кандай кылмыш болгон эмес. Колубузда курал же таш жок болчу. Бир да адамдын бетин чийген жокпуз, жаман айткан жокпуз. Саясий жактан алып караганда мен туура иш жасадым жана мындан ары да ушундай кадамга даярмын. Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган эмеспиз. Мен ар дайым айтып келем - биз бийликке күч колдонуп же зордук менен келбейбиз. Мен ал кадамды мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоонун негизинде жасадым. Ал эми мамлекеттик бийликти басып алууга эч кандай аракет жасаган эмеспиз.

Ташиевдин айтымында, ал саясий куугунтуктун айынын абакта отурат.

Президент Алмазбек Атамбаев бул маселе мыйзамдын алкагында гана чечилиш керектигин буга чейин билдирген.

Бирок депутаттардын камалышы юридикалык эмес, саясий маселеге айланып баратат. Анткени оппозициялык саясатчылар аны туу катары көтөрүп, элдик акцияларды уюштурууда. Андай акциялардын биринчиси Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда өттү. Апрель ыңкылабы кезинде Алмазбек Атамбаевдин тилектеши болгон, азыркы кезде Камчыбек Ташиевдин адвокаты болгон Азимбек Бекназаров “биздин талап - камалган депутаттарды үй камагына чыгаруу. Бирок бийлик аны аткарбай жатат. Мурунку бийликтердин катасын кайталап, үчүнчү ыңкылапка алып баратат” деп билдирүүдө. Бекназаров ошондой эле Алмазбек Атамбаев Конституцияда каралбаган ыйгарым укуктарды өзүнө алып алды деп да айыптоодо.

Башкаруучу коалициянын мүчөсү Өмүрбек Текебаев азыркы кезде үчүнчү ыңкылап үчүн моралдык себеп жок деп эсептейт. Бирок Текебаев айрым маселелерде президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы келген жүрүштөрдү жасоого өтө баштады. Маселен, ал Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча келишимди Кумтөр менен түзүлгөн келишимди кайталоо деп атады:

- Кумтөрдүн кейпин кийди деген ушул, карызды алар алып келишет, анын жарымын биз төлөйбүз. Калган жарымы ГЭСтин эсебинен төлөнөт. Орус тарап да ГЭСтин эсебинен төлөйт. Орустар өздөрү инвестор эмес. Ошондуктан мен муну туура эмес дейм. Мен Кумтөргө, "Центеррага" каршы добуш бергем. Эл алдында туура кылгам дейм. Мен ошол окуя кайра кайталанышын каалабайм.

Текебаев ГЭСтердин акциялары орус тарапка кайсы бир мөөнөткө гана берилиш керек деп эсептейт.

Кыргызстандагы энергетиктер бирикмесинин жетекчиси Жамалбек Түлөбердиев депутаттардын тынчсыздануусун негиздүү деп эсептеп, Орусия менен түзүлгөн келишимдин шартын Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмес деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан ГЭСти куруу үчүн орус тараптан насыя алып, анан аны төлөсө, анда эмне үчүн акциялар алардын колунда калыш керек?

ГЭСтер боюнча келишимдерди бийлик башындагылар эң ири жеңиш катары баалап келатат. Ал эми Кумтөр боюнча келишимди өзгөртүү мүмкүн эместигин президент Алмазбек Атамбаев билдирген жайы бар. Бирок өлкөдө түзүлүп келаткан саясий кырдаал же Темир Сариевдин саясий өз алдынчалыгы Кумтөр боюнча радикалдуу кадамдарга түртүүдө.

Саясий кырдаал демекчи, ал жаз алдында Кыргызстанда адатта кызыйт. Мына ошого кошумча шыкак бербеш үчүн бийлик “Центерра голд” менен түзүлгөн келишимден чыга турууну эп көргөндөй. Мүмкүн Темир Сариев оппозиция катарында жүргөн мезгилди эстеп, Кумтөр боюнча ва-банкка барууну чечти. Бийлик башындагылар болсо, саясий кырдаалга жараша ага каршы болгон жок.

Кандай болгон күндө да Кумтөр боюнча келишимди бузууну өкмөттүн колдоп чыгуусу узакка созула турган талаш-тартышка биринчи кадам. Ага экинчи кадам жаңы жумада парламент тарабынан коюлушу күтүлөт. Анткени Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын корутундусун Жогорку Кеңеш кароосу күтүлөт.

Мына ошентип кыргыз тарап Кумтөр боюнча келишимден чыгууга баратат. Эгерде “Центерранын” акционерлери жаңжалды ырбатпайлы десе, сүйлөшүүгө келишет, болбосо эки тарап эл аралык сотто беттешет.

Эчен жоонун мизин майтарган Тайлак баатыр

Тайлак баатыр жердеген Нарын тоолору.

Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонунун бир чоң пайдасы - улуттук тарыхыбызда аты жакшы аталбай, аталса да ооз учунда гана айтылып, илимий жаткан жетиштүү баасын албай келген улуу инсандарыбызды кайрадан жандандырдык, тарыхыбыздан тиешелүү орун таап бердик.

Деле кийинки чейрек кылым доорду тарых илиминин Ренессанс доору, Кайра жаралуу доору деп атасак туура эле болчудай. Курманжан датка энебизден тартып Шабдан баатыр, Ормон хан, Пулат хан, 1937-38-жылкы репрессиянын Касым Тыныстанов баштаган курмандыктары, Жусуп Абдрахманов менен Баялы Исакеев, Исхак Раззаков, дагы ушул сыяктуу ондогон ысымдарды толугу менен реабилитация кылдык, окуу китептерине аттары биротоло кирди.

Бирок аттары аталды, окуу китептерине ысымдары кирди деп эле тиешелүү үгүт-насыят иштерин токтотуп коюу да туура эмес. Колдон келсе ар бир жолу ошол тарыхый инсандардын жасаган иштери же кылган эрдиктери тууралуу элге-журтка, айрыкча жаңы муундарга төкпөй-чачпай кеп кылып берип турушубуз максатка ылайык, анткени "көзү өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" деген акылман кеп бар эмеспи.

XIX кылымдын башы чендеги кыргыз элинен чыккан эң эле атактуу баатырлардын бири катары Ак-Талаа менен Тогуз-Торо элинен чыккан Тайлак баатырды атоого болот.

Тайлак баатыр тууралуу аздыр-көптүр так маалыматтарды убагында көрүнүктүү акын жана агартуучу Тоголок Молдо, ошондой эле Абдыкалык Чоробаев жыйнап кеткен экен. Кийинчирээк тарыхчы жана этнограф, кыргыз элинин чыныгы тарыхын жазуу үчүн көп эмгек кылган профессор Сабыр Аттокуров атайын эмгек жазып, Тайлак баатырдын аты-жөнүн кеңири коомчулукка жеткириш үчүн чоң иш жасады.

Азыркы тапта баатырдын ысмы кыргыз элинин тарыхы боюнча жазылган эмгектердин, окуу китептердин дээрлик баарында аталат. Нарын шаарында белгилүү коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбековдун түздөн-түз көмөгү менен Тайлактын атчан эстелиги орнотулду, 2002-жылы жай айында Соң-Көл жайлоосунда Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана Аскар Акаев катышкан чоң мааракеси өткөрүлдү.

Эми Тайлак баатыр деген ким болгон, анын кандай тарыхый эрдиктери бар деген маселеге келели. Эгер сөздүн ток этээрин айтсак, Тайлак өз элин эки тараптан каптап келген жоолордон сактаган же сактоого бардык күч-аракетин жумшаган баатыр болгон. Бир жагынан Кашкар тараптан жылган ажыдаардай жакындап, кыргыз элин Цин империясынын бийлигине баш ийдирели деген кытай аскерлерине каршылык көрсөтсө, экинчи тарабынан ээн-эркин жашап көнүп калган кыргыз элине алыгы менен салыгын таңуулаган Кокон хандыгы менен кырчылдашып кармашкан.

Тарыхчылар С.Аттокуров менен Д.Сапаралиевдин маалыматтарына таянсак, Тайлактын атын алыска кетирип, анык баатыр наамга кондурган окуя - азыркы Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы кытай аскерлери менен болгон салгылашы эсептелет. Бул салгылаш XIX кылымдын башындагы кытай баскынчылары менен кыргыз жоокерлеринин бирден-бир жана чечүүчү салгылашы болгон десек туура болот.

Бул кармашта өзү келип катылган 7 миңге жакын кытай аскерлери катуу кыргынга туш болуп, Тайлак баатыр жана анын бир тууган иниси Атантай баштаган кыргыздар кытайлардын мизин кайтарган дешет тарыхчылар.

Тайлак минди буурулду,
Таманы ташка туурулду,
Кылыч кындан суурулду,
Кылкылдаган көп кытай,
Заманасы куурулду.
Ак талга туусун аштады,
Аскерин тайлак баштады,
Кожоберди, Байбагыш
Кошунду булар баштады, --деген элдик ыр ошондо жаралган.

Бирок кийинчирээк кытайлар эмес, Кокондун сарбаздары кыргыздарга катуу кысымын көрсөтүп, стратегиялык мааниси өтө чоң болуп эсептелген Куртка чеби үчүн бир эмес, бир нече жолу кандуу салгылаш болгон. Ошол салгылаштардын эң орчундуусу 1832-жылкы Куртка салгылашы деген ат менен белгилүү.

Бул салгылашта да Тайлак баатырдын жоокерлери чоң жеңишке жетишип, алтымышка жакын Кокондун сарбаздарын туткунга түшүрүп, элди ыгы жок алык менен салыктан бошотууга жардамы тийген. Тайлактын ошондогу эрдиги, азыркыча айтканда жеке үлгүсү башка кыргыздарга да катуу таасир этип, ошондон кийин кокондуктарга куралдуу каршылык көрсөтүү Ысык-Көлдүн жээгинде да, Кыргызстандын түштүгүндө да, Чүй боорунда да орун алып, тышкы душмандарга каршы туруу - жигиттик милдет, атуулдук ар-намыс катары саналып калган.

Албетте эл ичиндеги ынтымактын начардыгы, улут катары биримдиктин жоктугу кыргыз тайпаларынын өз ара тыгыз карым-катнаш кылышына негизги тоскоол болгон. Кыргызды тышкы душмандардан сактаган аскасы асман тиреген тоолор болгон деп айтабыз, бирок ошол эле бийик ашуулар менен терең капчыгайлар эл ичиндеги тыгыз байланыштарга негизги тоскоол болуп саналган. Ошол жана ошол сыяктуу себептер бир же бир нече жолку аскерий жеңишти саясий, тагыраак айтканда геосаясий инструментке айландырууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошентип кыргыздар узак убакыттар бою бирде жеңип, бирде жеңилип, бирок эч качан баш бириктире албай жашай берген.

Тайлак баатырдын каза болушу тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Казак окумуштуусу Чокан Валихановдун маалыматына караганда, Тайлакты кокондуктар бир жолку бетме-бет кагылышууда колго түшүргөн экен. Экинчи бир маалыматтарга таянсак, ошол эле Кокондун тыңчылары баатырды жок кылуу үчүн бардык айла-амалды жасап, акыры Тайлак баатыр уудан каза тапкан дешет.

Албетте баатырлар да эл башына иш түшүп, тарыхый процесс коргоочуларга, сактоочуларга муктаж болуп турган заманда туулат. XVIII кылымдын этеги жана XIX кылымдын башы кыргыз элинин тарыхындагы ошондой оор замандардын бири болгон. Бир жагынан Цин империясы, экинчи жагынан Кокон хандыгы өз территориясын кеңейтүүгө бүт күчүн жумшап, эл тагдыры кылыч мизинде ойноп, заман алакайыр болуп турган учурда Тайлак баатыр тарыхый аренага келди. Ошол кыйын кезеңде Тайлак баатыр ким экенин көрсөттү, эл үчүн канын төгүп, журт үчүн өмүрүн кыйды.

Бирок "эрди эне тууйт, атын эли-журту сактайт жана даңктайт" деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары, Тайлак баатыр жашап өткөн замандан бери эки кылымга жакын убакыт өтсө да, анын аты эч качан эл оозунан түшкөн жок. Ал эми азыркы учурда, Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, аны коргоо жана сактоо ар бир атуулдун ыйык милдети болуп турган чакта Тайлак баатыр мекенчилдиктин жаркын мисалы, атуулдуктун кашкайган үлгүсү катары ар дайым жашай бермекчи.

Тирүүлөй жетим калгандар

Ысык-Көлдүн Тоң райондук соту 5 баланын ата-энесин ата-энелик укуктан ажыратты. Буга алардын балдарын карабай койгону, эки баласын кулдукка берип жибергени себеп болгон. Бирөөнүн малын бакканга берип жиберген баласы буту-колун үшүккө алдырган. Азыр балдарды социалдык кызматкерлер убактылуу реабилитациялоочу жайга тапшырышты.

Тоң райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүм башчысы Медина Жумалиеванын айтымында, Туратбек Осмоновду жана Гүлмира Курманалиеваны соттун чечими менен ата-эне укугунан ажыратууга аргасыз болушкан.

Буга ата-эне балдарын экинчи жолу бакпай таштап койгондугу себеп болгон экен. Биринчи жолу 2007-жылы бул үй-бүлөнүн 3 баласы Темирбек, Турдубек жана Өмүрбек атайын келишимдин негизинде Кажы-Сай шаарчасындагы “Хадича” аттуу балдарды реабилитациялоо борборуна өткөрүлгөн.

2009-жылы апасы Гүлмира Курманалиева келип, "балдарыма кам көрөм, мектепте окутам" деп суранганда кайра колуна тапшырышат. "Бирок 2011-жылы бул окуя кара кайталанды", - дейт Тоң райондук үй-бүлө жана баланы колдоо бөлүмүнүн башчысы Медина Жумалиева:

- Бул окуя экинчи жолу кайталанып жатат. Биз 2007-жылы үч баласын алып кетип, “Хадича” реабилитациялык борборуна жайгаштырганбыз. Бирок 2009-жылы апасы багам деп алып кеткен. 2011-жылы бул окуя кайталангандыктан биз кайрадан бул балдарды алып кетүүгө аргасыз болдук. Ал кезде балдардын эч кийим-кечеси жок, кабагы түйүлгөн, басынып жүрүшкөн.

Медина Жумалиева
Медина Жумалиева
Мыйзам боюнча ата-эне балдарын карабай таштап койсо, же аларга зомбулук көрсөткөн окуялар тынымсыз кайталанса, сот аркылуу ата-энелик укуктан ажыратыларын Жумалиева эске салды:

- 2012 жылы май айында балдардын укуктук комиссиясына да кайрылып, анан сотко да өткөрдүк. Себеби ата-энеси толук кандуу өз милдетин аткара алышкан жок. Биз барганда атасы мас, апасы жок, балдарын таштап Бишкекке кетиптир. Мен ошол апасына таң калам. Анткени бул аялда энелик сезим жок экен. Аял болгондон кийин үйдү караш керек да, үйү таза эмес, бала-чакасынын кийим-кечеги жок. Балдардын ата-энеси соттун алдында ооз ачып, унчуккан жок. Сот да таң калды, унчукпай чыгып кетишти.

Ата-энелик укуктан ажыратылган Гүлмира Курманалиева өткөн декабрь айында дагы уулдуу болгонун айтып отурду. Ден соолугу начар болгонуна байланыштуу Таластан туугандары келип, наристени асырап алышканын кошумчалады. Ал эми буга дейре балдарын айлап таштап кеткен себебин мындайча түшүндүрдү.

- Күйөөм ичип алганда кыздарыма кетчүмүн. Балдар атасы менен калчу, улуу балам чоңоюп калган, ал эс тартып калганда өз күнүн көрчү. Атасына таарынып турушчу. Мен оокат кылсам мени менен кошо оокат жасашчу.

Гүлмира Курманалиева
Гүлмира Курманалиева
Гүлмиранын айтымында, анын биринчи жолдошунан эки кызы бар: бири Таласка, экинчиси Жалал-Абадга турмушка чыгып кетиптир. Ал эми 2012-жылы 11 жаштагы баласын мал бактырууга бергенин мындайча түшүндүрдү.

- Аны деле сурап келишкен, жакын эжелер болчу, Үстүңкү Долинкадан болот. Мектепке барыш керек болчу, анан окута албай калганбыз.

Турат Осмоновдун айтымында, өткөн жайдан бери ичимдик ичпей калган экен. Бирөөлөр менен мушташканда башына доо кетип, көзү начар көрүп калган. Уулу Кенжебекти малчыга кошуп бергени тууралуу мындай деди:

- Бизге ун алып келип турчу, ал эми баламды тиги жактан бакчу, кой энчилеп турчу экен. Алып кетейин деле дейм, анан уруксат бербей жатышпайбы. Майыпмын, башыман жараат алгам.

- Балдарыңызды алайын деп жатасызбы?

- Билбейм качан алам, соттон укуктан ажыратып салып, барганга да болбойт дейт. Балдар да сагынып жатышат. Балдар окубайт деп, айылдагы мугалимдер да каршы болуп койду. Окутканга каражат жок болчу, окуй алышкан жок.

- Окута аласызбы?

- Азыр жумушум деле жок, мурда көзүм көргөндө бирөөнүн малын карачумун, ошону менен жан бакчубуз. Азыр экинчи топтогу майыпмын. 1800 сом пенсия алам, балдар менен телефондон сүйлөшүп жатабыз.

Турат Осмонов
Турат Осмонов
“Хадича” реабилитациялык борборуна алынган балдар көп сүйлөшкүлөрү келген жок. Бир туугандардын уулусу Темирбек 17 жашта, азыр 7-класста окуп жатат. Ага Кажы-Сай шаарчасындагы А.Пушкин атындагы мектептин мугалимдери өз алдынча да сабак беришет, анткени Темирбек өз айылында болгону 2-класстык билим алган. Темирбек буларды айтты:

- Үйдө эле жүрчүмүн, ата-энеме жардам берип. Үйдө атама жардам берчүмүн. Азырынча алдыма максат койо элекмин. Апам кээде Таласка кыздарына барып келчү.

Темирбектин айтымында, алардын ата-энеси менен жашоосу жакшы эле болчу.

- Үйүндө эч нерсеси жок деп айтыптыр, бирок андай эмес. Ушинтип ким айтканын билбейм, андай эмес, жакшы эле болчу.

- Атаң иччү беле?

- Анда-санда иччү, бир жума ичип, бир жума соо болчу. Азыр ичпей калыптыр, башы жарылып, майып экен.

Кенжебек
Кенжебек
Ал эми бирөөнүн малын баккан 12 жаштагы Кенжебекти социалдык коргоо кызматкерлери таап барганда бетин, колдорун үшүк алып кеткен экен. Азыр болсо бетиндеги тактар кетип, баланын көнүлү да көтөрүлүп калды дешет борбордун кызматкерлери.

"Азаттык": Кимдин коюун бакчу элең?

- Көкүл деген кишиникинде кой бакчумун, 400дөн ашык кой бар болчу. Ал жерде дагы бир киши бар эле, ошол экөөбүз бакчубуз.

"Азаттык": Үйгө баргың келеби?

- Ооба.

Балдар баш калкалап турган “Хадича” реабилитациялык борбору убактылуу гана башпаанек жай. Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүм башчысы Медина Жумалиеванын айтымында, балдардын кийим-кечесине жана жолуна тыйын бөлүнсө, аларды Ак-Суу районундагы балдар үйүнө жиберишет.

Ош: өзбек ырчылары сахнага кайтууда

Абдумалик Азизов (солдо) жана Илхом Эргашев

Акыркы кезде Оштогу өзбек ырчылардын чыгармачылыгы жандана баштады. Июнь калабаcынан кийин алардын жаңы ырлары өзбек тилиндеги телерадиоканалдардын жоктугуна байланыштуу эл-журтка жетпей жаткан эле.

Аймакта эки тилдүү медиа мекемелердин иштей баштаганы мурдагыдай эмгектенүүгө дем бергенин, ал тургай жакында чоң концерт коюуга даярданып жатканын ырчылар айтышууда.

Оштогу өзбек ырчыларынын көбү обончу Абдурахим Дадажановдун үйүндөгү жеке студиясында ырларын жаздырат. Мен барган кезде ал студияда кезинде популярдуу болуп турган "Аввали" тобунун жигиттери жаңы “Байкуш мажүрүм тал” аттуу ыр жаздырып жаткан экен.

Топтун ырчысы Илхом Эргашев топтун кесипкөй ырчылыкка аралашканына 4 жыл болгонун айтты. Июнь окуяларынан соң алардын чыгармачылыгында убактылуу тыныгуу болгон себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мурда “ОшТВ” жана “МезонТВ” каналдары өзбекче ыр-күүлөрдү эфирден берип жүргөн учурда ошол каналдар менен иштешчүбүз. 2010-жылдагы окуялардан кийин андай мүмкүнчүлүктөр болбой калган. Ошондуктан ортодо тыныгуу пайда болду. Жакында "Ынтымак" телерадиоканалы ачылып, ырларыбызды элге уктурууга кайрадан мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Ор-ор" аттуу ыр:



Топтун дагы бир ырчысы Абдумалик Азизов ырчылыкка кызыгуу күчтүү болгондуктан, каргаша да бул өнөрдөн баш тарттыра албаганын белгиледи:

- Өзүмдү эле мисал кылып айтайын, кызыгуум аябай күчтүү болгондуктан ырчылыкты аркалап жүрөм. Бардыгы аракетке байланыштуу. Аракет кыла берсе, тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңип өтсө болот. Буга чейин Оштогу филармонияда, Өзбек драма театрында концерт берчү элек. Буйруса, алдыда дагы ошондой концерттерди коёбуз.

Абдурахим Дадажонов
Абдурахим Дадажонов
2010-жылдагы калабадан бери өзбек ырчылар майрамдык кечелерге чакырылбай, тойлордо гана ырдап калган эле. Бул жагдай айрымдардын чыгармачылык демин суутуп таштаганын атын атагысы келбеген чыгармачыл кишилер белгилешет.

Жеке ырчы болуп жүргөн Сардор Ахмедовдун айтымында, азыр эмгектенүүгө шык кайрадан жанданууда:

- Ырды жазгандан соң, аны элге таратуу керек. Реклама кылбаса, ырчыны эч ким тааныбайт, талап да болбойт. Биз өзүбүздү негизинен тойлордо гана реклама кылып калган элек. "Ынтымак" радиосунун ачылышы бизге аябай жакшы жаңылык жана мүмкүнчүлүк болду. Ырларыбызды тынбай эле ободон берип жатат. Аны угуп, биз жаңы ырларды жазууга шыктанып жатабыз.

Кыргызстандык өзбек ырчыларынын арасында соңку учурда мекенди сүйүүгө, улут аралык ынтымакка чакырган ырларга басым жасалганы байкалат. Алардын бири - Одина Аббосова менен Зиё Камоловдун аткаруусундагы "Кыргызстан" аттуу чыгарма:



Ошто 20дан ашуун өзбек тектүү ырчы бар. Аларга ыр жаратууда көмөктөшүп келаткан обончу Абдурахим Дадажонов ыр-музыка чек ара да, улут да тандабайт деген ойду эске салды:

- Музыканттардын арасында улут деген түшүнүк болбошу керек. Маданият – улут тандабайт. Ырчы эч качан ызалануу менен жашабашы керек. Мүмкүн болушунча, достукту бекемдөөгө салым кошкону абзел. Оштогу ырчылар бул милдетти жакшы аткарууга аракеттенип жатабыз. Ынтымакты бекемдөө үчүн негизги жумушту биз жасашыбыз зарыл.

Калабадан соң калың элге чыга албай калган ырчылар Өзбекстандын телерадиолору менен иштеше башташкан экен. Бирок каражат тартыштыгы алар менен такай иштешүүгө кедергисин тийгизиптир.

Учурда өзбек тектүү ырчылардын арасында кыргыз тилинде да ыр жаратууга белсенип жаткандар көбөйүп баратканын байкоого болот.



Февралдын ортосунда кыргызстандык өзбек ырчылар топтолуп, Ошто чоң концерт берүүгө белсенүүдө. Бул дээрлик соңку 3 жылда Ошто өтүп жаткан алгачкы өзбекче чоң концерт болуп калмакчы.

Ырчылардан айырмаланып, өзбек актерлорунун иши үзгүлтүккө учуруган жок. Телетеатрлардын иши токтогонун эсепке албаганда, Бабур атындагы өзбек драма театрынын сахнасындагы спектаклдер такай элге тартууланып келет.

Миллиондордун дарегин таппай жатышат

Кыргызстандын атайын кызматы 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдөн табылган он алты миллион сомдун жана каракталып кеткен беш миллион сомдун тагдырын иликтей баштады.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн ичиндеги эсепкананын кассасынан ири суммадагы акча каражаты алынганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу жакында билдирүү жасаган элдик кошуундун өкүлдөрү аталган каражаттын изин иликтеп чыгууну талап кылышты.

“Элдик кайрат” деген аталыштагы коомдук уюмга бириккен ыктыярчылар ал кезде Ак үйдү кайтарып турушкан экен. Аталган коомдук уюмдун мүчөсү Медетбек Мамбетакунов сейфтен табылган 16 миллион сом Убактылуу өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилгени менен, кийин анын дайыны табылбай калганын белгиледи:

- Ал жерге Азимбек Бекназаров, Башкы прокуратуранын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү кошо келишип, ошол сейфти ачып, акчаны эсептеп, өткөрүп берген болчубуз. Анын ичинен 11 миллион сом жана биздин акчага которгондо 5 миллион сомго барабар ар кандай чет элдик валюта чыккан. Жалпы суммасы ошондо 16 миллион сомду түзгөн. Мына ошол акчаны "жеп алды" деп жатышат. Биз аны кайтарып бергенбиз. Ошондуктан ал акчаны өткөрүп алган адамдар жооп берсин. Биз тартип коргоо органдары бул ишти иликтеп чыгышын талап кылабыз.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги мүчөсү Азимбек Бекназаров менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Акчаны өткөрүп алуу ишине көзөмөлдүк кылган ошол кездеги башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев алынган каражат толугу менен Улуттук банкка сактоого жөнөтүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, кийин ал акча Убактылуу өкмөттүн чыгымдарына сарпталган:

- Тергөө тобу кароо жүргүзүп жаткан учурда мен да ошол жерде болчумун. Ошол жердеги сейфтин бирин ача албай койушкан экен. Анан биз күбөлөрдүн катышуусу менен ачып, ошол жигиттер айткан сумманы алып чыгып, аны толугу менен Улуттук банктын сактоосуна өткөргөнбүз. Анан ал каражат ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен тиешелүү чыгымдарга сарпталып турган.

Бирок ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат жетекчиси болуп турган Эмилбек Каптагаев ал акчанын таржымалы менен тааныш эмес экенин билдирди. Каптагаев бул боюнча жакында гана билип, "ал каражат кийин Улуттук банктан мамлекеттик казынанын эсебине которулган экен" деп айтты “Азаттыкка” курган маегинде:

- Бул маалымат чыкканда аны мен өз алдымча тактап көрдүм. Буга чейин ал акчанын таржымалы тууралуу менде маалымат жок болчу. Акчаны ким алды, кандай сарпталды - бул боюнча түшүнүгүм болгон эмес. Анткени бул ишти тартип коргоо органдары тескеп жаткан. Биз тартип коргоо органдары иликтеп жаткандыктан ал акчаны чыгымдай албайт болчубуз. Ал кезде биз бюджетте каралган акчаны гана Каржы министрлиги аркылуу алып турганбыз. Ошондуктан ал туура эмес маалымат. Азыр тактасам ал акча Улуттук банкка сактоого берилип, кийин мамлекеттик казынага өткөрүлүптүр.

Каражатты коопсуздукка дешкен

Бул иш боюнча күбөлөрдүн айтымында, 7-апрелдеги элдик толкундоолор учурунда Ак үйдүн эсепканасындагы эки сейфтин бирөө талкаланып, экинчиси ачылбай койгон. 10-апрель күнү ал жерге барган тергөө тобу талкаланган сейфтин ичинен беш миллион сом каракталганын каттоого алган. Кийинки чоң сейфтен алынып, Улуттук банкка өткөрүлгөн акчадан Ак үйдү кайтарган элдик кошуундун жүздөн ашуун мүчөсүнө эки жарым миң сомдон таратылган. Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн төрайымынын буйругу болгон. Каптагаев ал акчанын таржымалын билмек тургай, аны чыгымдоо боюнча документтерге кол койуп тургандыгы белгилүү болду.
Ал жерге Азимбек Бекназаров, Башкы прокуратуранын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү кошо келишип, ошол сейфти ачып, акчаны эсептеп, өткөрүп берген болчубуз.

Ошол кездеги президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Балбак Түлөбаев ал акчага кошумча 10 миллион сомду коопсуздукту бекемдөөгө жумшоо тууралуу буйрук болгонуна токтолду:

- Анан Каптагаев менен Сариевдин визасы менен абалды турукташтыруу боюнча Отунбаеванын буйругу чыккан. 13-апрель беле же 14-апрель беле , айтор коопсуздукту бекемдөө үчүн деген негиз менен коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен Убактылуу өкмөттүн орун басары Бекназаровдун карамагына беш миллион сомдон акча бөлүү тууралуу буйрук алдым. Мен Коргоо министрлигине акчаны алып барып берип, алардан тил кат алгам.

Коопсуздукту бекемдөөгө жумшалды делген он миллион сом боюнча Убактылуу өкмөттүн аталган мүчөлөрү учурунда отчет берип-бербегени белгисиз. Бул боюнча иликтөө ишинин жыйынтыгына кийин дагы кайрылмакчыбыз.

Ошол кездеги каржы министри Темир Сариев АУБ банкынан алынган 21 миллион доллардын кайсы бир бөлүгү коопсуздукту бекемдөө үчүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө таратылганын айтып чыккан эле.

Кумтөр: коалиция корутундуну колдоду

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырды. Анда өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. Эгер канадалык компания бул сунушка көнбөсө, келишимди бузуу керектиги да айтылат.

Мамкомиссиянын корутундусунда өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүүнү баштоо сунушу жолдогон. Анда учурдагы келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келип, Кумтөрдөгү казылган алтындан түшкөн каражат адилетсиз бөлүштүрүлүп калганы белгиленет.

Ал эми жаңы келишимге ылайык, “Центерра голд” компаниясы экологияга келтирген зыяны үчүн Кыргызстанга төлөп жаткан компенсациянын өлчөмүн көбөйтүү, салык жана башка төлөмдөр Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү керектиги көрсөтүлгөн.

Андан сырткары рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар да камтылган. Ошондой эле “Центерранын” вице-президенти, ал эми 2015-жылдан соң президенти да Кыргызстандын жараны болушу керектиги айтылат.

Комиссиянын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, канадалык компания сүйлөшүүлөргө барбаса, өкмөткө чечкиндүү чара кабыл алуу сунушталган:

- Биз өкмөткө “Центерра голд” үч айдын ичинде жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек дедик. Мындай шарттарга экинчи пунктту сунуштап жатабыз. Анда өкмөт бир жактуу келишимдерди жокко чыгаруу ишин башташ керек.

Эгер өкмөт келишимди бир тараптуу бузса, “Центерра голд” эл аралык сотко кайрылышы мүмкүн. Темир Сариевдин айтымында, эл аралык деңгээлде соттошуу болуп калса, мурдагы келишимдердин коррупциялашканын далилдей турган мүмкүнчүлүк бар:

- Эксперттер эгер юристтер жакшылап иштесе, бизде өз кызыкчылыктарыбызды коргоп калганга мүмкүнчүлүк бар деп айтып жатышат. Кумтөрдө болгон бардык мыйзам бузууларды мыйзамдаштырып берген биздин аткаминерлер болгон. Ошондуктан бул келишимдерге кол коюп, шарт түзүп берген мамлекеттик кызматчылардын баарын Башкы прокуратура жоопкерчиликке тартышы зарыл. Антпесе эл аралык соттон биздин аргументтерибиз аз болуп калат. Эгер келишимдин коррупцияланышына жол бергендерди өзүбүз далилдеп, эл аралык соттон "мына, биз буларды жоопко тарттык, эми “Центерра голддун” башкаруучуларын жоопко тарткыла" дегенге жол ачылат.

Бул тизмеде экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болгон бир катар жогорку чиновниктер бар.

Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
Буга чейин өкмөт “Центерра голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча топ түзүү жана коррупциялык келишимдерге кол койгондорду жоопкерчиликке тартуу тууралуу токтом кабыл алган.

Эми комиссиянын токтому парламенттин жалпы жыйынына чыгарылганы жатат. Коалициялык көпчүлүктүн төрагасы Феликс Кулов “Центерра голддун” жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү сунуштады:

- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тездетүү керек. Болбосо эл түшүнбөй калат. Аны менен бирге эле Кумтөрдүн финансылык, чарбалык жана экологиялык тараптарын көзөмөлдөө үчүн өкмөт жаңы кызматты түзүшү зарыл. Ошондой эле өз укуктарыбыздан пайдаланып, эл аралык арбитраждык сотко доо менен биз биринчи болуп кайрылышыбыз керек.

Ошол эле учурда айрым эксперттер кыргыз өкмөтү радикалдуу кадамга барса, арты тобокелдүү болоорун болжолдоп жатышат. Мисалы, эксперт Шерадил Бактыгулов Кыргызстандын эл аралык сотто утулуп калуу коркунучу чоң деп эсептейт:

- Бул жерде тобокелчилик абдан чоң. Биринчиден, келишимди бир тараптуу бузуу үчүн орундуу, далилденген негиз аз болуп жатат. Мамлекеттик комиссия далилдерди топтодук дегени менен “Центерра голддун” жетекчилиги өз ишин кынтыксыз кылып, документтерди топтоп койгон. Мындан улам эл аралык сот канадалык компаниянын пайдасына чечип берип коюшу мүмкүн. Андай болсо Кыргызстан үчүн кесепети кыйын болот.

Эми мамлекеттик комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү парламент жыйынында каралып, Кумтөрдүн алдыдагы тагдыры аныкталат.

Компьютердик зал жаштарды күтөт

Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында компьютердик зал ачылды.

Аны китепкананын ичинде ачылганына 5 жыл болгон Америка борбору түздү. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен катышкан бул иш-чарада эң жогорку стандарттагы даараткана, зал ишке берилди. Беш жылдык маараке шаңдуу белгиленди.

Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасындагы Америка борборуна 40 компьютер берилди. АКШ элчилиги каржылаган борбордо буга чейин 20 компьютер, кабелсиз интернет бар болчу. Америкалык адабиятты камтыган борбордун түзүлгөнүнө 5 жыл болуптур.

Салтанатка АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, Кыргызстандын маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев жана "Манас" транзиттик борборунун кызматкерлери катышты.

Кудайберген Базарбаев бул борборду АКШнын Кыргызстандагы бир бурчу деп баалады:

- Америка борбору жайгашкан бул китепкана дүйнөдөгү 7 заманбап борборлордун катарына КМШ өлкөлөрүнөн жалгыз болуп кирди. Ал тизмеде Мексика, Оман, Бразилия сыяктуу мамлекеттер бар. Бул жай жаштарга билим жана тажрыйба алууга, аны өлкөнүн өнүгүүсү үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат.

Элчи айым Памела Спратлен китепканадагы Америка борбору эки өлкөнүн өз ара мамилеси, маданиятынын өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенет.

- Мен бул жерге келген сайын өзгөрүү болот. Жаштарды тартуу үчүн же китептердин саны көбөйөт же орундар көбөйүп калат. Бул - китепкананын командасынын лидерлик өзгөчөлүгү. Бул китепкананын символу деп мен чоң терезелерин айтаар элем. Ошол сыяктуу биздин акылыбыз да кабыл алууга ачык болсун.

Ал эми китепкананын директору Роза Султангазиева жылдан жылга окурмандар көбөйгөн үчүн окуй турган жайды да, компьютерлерди да көбөйтүүгө туура келди дейт.

- Америка борборуна 2008-жылы 1100дөн ашуун адам келсе, 2012-жылы 33 миңден көп окурман келди. Беш жылда ушундай өзгөрүү болду. Мурда китепканада борборубуз чакан эле болчу. Киши көбөйгөн сайын кеңейттик.

Кыргызстанда АКШ тууралуу маалымат камтыган, бул өлкөнүн иш-чараларын уюштурган борборлордон жетөө бар. Алардын эң ириси, маанилүүсү биз сөз кылып жаткан Бишкектегиси болуп эсептелет.

Студент Ислам Момбеков китепканада бул борбор абдан жандуу жана кең дүйнөнү таанууга мүмкүндүк берген үчүн тынбай келет экен.

- Эки күндө бир же күндө келем. Бул жерде ар кандай иш-чаралар болуп турат. Чет өлкөлүктөр менен баарлашабыз. Мисалы, АКШнын экономикасы тууралуу окуп кеттим. Бизнес жаатындагы адабияттар көп.

Расмий бөлүк аяктагандан кийин транзиттик борбор чакырган АКШнын аба күчтөрүнүн борбордук округунун музыкалык тобу концерт берди. Келгендин баары америкалык рок жана башка музыкаларына рахаттана кол чаап отурушту.

Кызматташтыктын жемиши - китеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

Баракка гумжардам барды

Кыргызстан Сох анклавына жол ачкандан кийин өзбек жериндеги кыргызстандык Барак айылына да гуманитардык жардам жеткирүүгө жол берилди.

2 чоң КАМАЗ менен ун, азык-түлүк, дары-дармек жана балдарга, аялдарга жылуу кийим-кечектер жеткирилди. Бирок барактыктар жол ачылбаса, эл баары бир кыйнала бере турганын айтышууда.

25-январда эртең менен саат тогуздарда “Акташ” чек ара посту аркылуу Барак айылына өткөрүлөт деген гуманитардык жардамдар чек ара тилкесинде 2-3 саат турууга аргасыз болду.

“Баткенде Өзбекстандын Сох анклавына жол ачылыптыр” деп кабар келгенден кийин гана Кыргызстандын 2 КАМАЗы, 1 бусиги жана 4 жеңил машинеси Өзбекстандын Бирлешкен айылы аркылуу Барак анклавына койо берилди.

"Акташ" чек ара бекети
"Акташ" чек ара бекети
Кечке жууктап гана кайткан Кыргызстандын өкүлдөрү Барак айылынан 30дай жашоочуну ала чыкты. Бирок ары-бери өтүүдө аларды өзбек чек арачылары тыкыр текшерүүгө алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, машинелерге 153 куту үй-бүлөлүк гигиеналык каражат, 448 даана балдардын кийимдеринин комплекти (костюм, юбка), 93 даана балдардын жилети, 306 кг кургатылган мөмө-жемиш жүктөлгөн.

Ошондой эле Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 200 литр өсүмдүк майы, 200 кг туз, 100 даана шам, 100 куту тамеки, 500 куту ширеңке жана дары-дармек кошулду.

Өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 7 тонна 650 кг ун бөлүнүп берилди:

Кыргызстанга келаткан барактыктар
Кыргызстанга келаткан барактыктар
- Азыр негизинен азык-түлүк, күнүмдүк турмушка керектелчү нерселер жеткирилип берилди. Ошондой эле барактыктар үчүн кийимдерди да ала бардык. Андан сырткары дарыгерлерди да ала бардык эле алар бир катар жарандарды, балдарды кароодон өткөрүшүп, алып кетүүгө муктаждарын алып чыгып келдик. Аларга эми бул жакта ооруканаларда жардам беребиз. Балдар менен кошулуп Барак айылынын 30дан ашык жашоочусу биз менен кошо чыкты.

10 күнчө убакыттан бери камоодо калган барактыктар тамак-аш, дары-дармек, отун-суудан кыйналып жатканы айтылган. “Кантсе да элдин абалы тынч экен” дейт Кара-Суу район акиминин орун басары Сооронбай Жолдошев:

- Элдин абалы жакшы эле экен. Бизге гуманитардык жардам деле керек эмес дегендей кылышты эле. Бирок биз мамлекет берген нерселердин баарын таркатып, тапшырып бердик. Алар чек ара тилкесин ачууну, же Өзбекстандан коридор алууну эң башкы маселе катары айтып, суранып атышат. Бул маселени азыр мамлекеттик деңгээлде атайын комиссия иликтеп, карап жатат. Чек ара качан ачылаарын, барактыктарга качан жол берилерин ошолор билет.

Барактыктар маек берип, көйгөйүн айтуудан чочулашат. Өзбек аскерлери алардын сыналгыга, же үналгыга чыгып калганын билип калса, ары-бери каттаганда мазактап, кыйноого алышарын белгилешти.

Ден соолугуна байланыштуу чек арадан өтүп келген Барак айылынын атын атагысы келбеген тургуну ал жактагы шарт жөнүндө буларды айтты:

- Канча күн камоодо калса да өлүп калган жокпуз. Бирибиз туз жок калса, экинчибиз берип, бирибизде нан жок калса, аны берип атып ушул күнгө жетип келдик. Аз-маз кооптонуу болду. Азыр эми ал жакта эл жашап атат, болгон кыйынчылыгыбыз эле жолдун жабыктыгы. Мен кант диабети менен оорулуу болгон үчүн бул жактан баргандар ала келишти. Башкалар сыяктуу эле ооруканага барып дарыланам. Баракка ун, шекер, майда-чүйдөлөрдү, тамекисинен бери алып барып беришти. Ошону жеп, тамекиден чегип коюп жата беришет да эми.

Деген менен барактыктар бул гуманитардык жардам элди убактылуу сооротуу гана экенин айтып нааразы болууда. Анткени Өзбекстан бийликтери тарабынан ары-бери каттоого дагы деле уруксат боло элек. “Жол ачылбаса, элдин кыйналганы кыйналган” деп кабатырланат анклавдын жашоочуларынын бири Абдыкадыр Курбанбаев.

- Адамдар бул күндү күткөн да эмес, ойлонгон да эмес. Чек ара кокустан жабылды. Күтүлбөгөндүктөн биринде нан жок, биринде чай жок отуруп калышты. Барактын ичиндеги дүкөндө жазында калган, мите баскан күрүчтөрдөн бери сатылып кетиптир. Балаң бала бакчада болсо да кыжаалат болосуң, ал эми Барак айылы башка өлкөнүн ичинде болуп атпайбы. Биздин чоңдор эмнеге ушуну ойлонушпайт? Кечээ айтышкан эле, жол ачылды деп, келсек гуманитардык жардамдарды гана өткөрүп жатат. Эми бул алып барганы түгөнгөндөн кийин эмне кылышат? Элди алдаганды коюп, тезирээк чек аранын ачыштын үстүндө иштебейби биздин бийликтер. Эл ары-бери каттай албай өлүп бүткөнү калды.

Январдын башында кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыгып, Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги өткөрмө бекеттердин баарын эки тарап тең жаап салган болчу. 17-январдан тарта Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай” жана башка өткөрмө бекеттеринен жарандарды жана унааларды бир тараптуу гана өткөрүп, темир жолду убактылуу жапканын Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдаган болчу.

Кыргызстандын Барак анклавындагылар да 15 күндөн бери эки жакка каттай албай калганын тастыкташууда.

Барак айылына гумжардам жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Барак айылындагы 300дөй түтүндө жалпы 2 миңдей адам бар. Административдик жактан Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык округуна карайт.

Мэрди кантип элдик кылабыз?

Мэрди кантип элдик кылабыз? (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:33 0:00

Борбор шаардын мэрин эл шайлашы керекпи же шаардык кеңеш шайлаганы туурабы? Мэрге көбүрөөк ыйгарым укук берүү авторитаризмге алып барбайбы?

Ушул тапта “Борбор шаардын статусу тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүүдө. Анын авторлору борбор калаанын өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн мэрдин укуктарын көбөйтүү зарыл деп эсептешет. Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү бул демилгенин арты мэрдин авторитардык бийлигине жана коррупцияга жол ачат деп коңгуроо кагууда.

“Ынгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул маселе талкууланды. Ага “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси жарандык лидер Калича Умуралиева жана Кыргыз парламентиндеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев катышты.


Мэрди кантип элдик кылабыз? (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:30 0:00


Мэрди кантип элдик кылабыз? (3-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:26 0:00

Өгөйлөгөн өлкө

“Фабула” гезити белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун ишкерлик жөнүндө маегин жарыялай баштады.

“Кыргыз туусу” гезити “Быйыл 1000 даана айыл чарба техникасы келет” деген баш тема менен бул санын ачты. Анда Түркиянын Кыргызстанга берип жаткан 105 млн. доллар насыясынын 5 млн. долларына айыл чарба техникалары алынары тууралуу кеп болот.

Кыргыз эл мугалими Кусейин Исаевдин “Аймактык башкаруу жаңы муундагы белгилерге муктаж” аттуу макаласы жарык көрдү.

Гезитте “Өспүрүм балдардын сөгүнүүсүнө эмне себеп?”, “Оюнчуктар балдардын ден соолугуна зыян алып келүүдө” деген макалалар бар.

“Мен ырымды суудан сузуп жазбадым, ийне менен таш чеккенсип тапкамын” деген теманын алдында өткөн жылы 100 жашка толгон атактуу акын Абыдрасул Токтомушев жөнүндөгү баянды анын уулу Кайнарбек Токтомушев окурмандарга тартуулады.

“Алиби” гезити аркылуу журналист Адилет Айтикеев “АКШга “акырайган” Атамбаев же кош стандарттуу саясат” деген макаласында АКШнын буга чейинки Кыргызстанга берген жардамы жана анын ролу, аскер базасы тууралуу кеп кылды. Автор макаласынын аягында эгер Кыргызстандын аймагында жайгашкан АКШ базасы чыгарыла турган болсо анда өлкөдөгү бардык аскер базалары чыгарылышы керектигин, президент АКШны алимент төлөгөн атасындай, ал эми Орусияны бир боор энесиндей көрүп жаткандыгы өкүндүрөрүн, баарына бирдей мамиле зарылдыгын белгиледи.

Бул санга саясатчы Азимбек Бекназаровдун президент Атамбаевге багышталган “Чындыкты чыркыратпа, досум!” деген кайрылуу каты да жарыяланды.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Биз Орусия, Кытай жана Америка тепкен топпузбу?” деген макаласын басты. Автор “Мамлекетибиздин эл аралык аренада “койкойо” басышы же “бүжүрөп” турушу, биринчи иретте бийлик башында турган адамдарга жараша болорун, демек мамлекет жетекчилери мындай алакаларда ашынып кетпей, басынып да кетпей, тең ата саясат жүргүзүшү өтө зарылдыгын курула турган ГЭСтердин мисалында айтты.

Ушул эле санга “2013 жылы ары же бери болобуз...” деген ат менен “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы мамиле тууралуу баяндап, ишкерлер өз арбайын өзү согуп, мамлекет өз арбайын өзү согуп жашап келатканын, ишкерлик тууралуу мыйзам 2008-жылы кабыл алынган менен ал кагаз жүзүндө гана калганын белгилеп, өкмөт ойлоно турган өтө олуттуу ойлорун ортого салды.

Президенттин парламенттеги өкүлү Орозбек Молдалиевдин интервьюсу “АКШнын транзиттик борбору өлкөдөн чыгарылса, мамилебиз солгундайт деген туура эмес” деп аталып, президент Атамбаев Бакиевге окшоп АКШга базаңарды таптакыр эле жаап кеткиле деп жатпаганын, ал тескерисинче транзиттик борборду, аскердик базаны жаап, жөн гана жүк ташуучу борборго айландыргыла, кааласаңар аэропорт аркылуу жүгүңөрдү ташып өтө бергиле деп жатканын, бул АКШ үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин, анткени АКШнын базасына ошол эле казактар, башка мамлекеттер кызыгып турганын, биз бул саясатта өтө кылдат болуп, Орусия менен да, АКШ, Кытай менен да мамилелерди эч качан бузбашыбыз керектигине токтолду.

“Де-факто” гезитинин суроолоруна жооп берген депутат Равшан Жээнбеков “Бакиевдин жолу Текебаевге жага баштаганы өкүндүрөт” деп аталып, шаарлардын мэрин шайлоо мыйзамы тууралуу кеп кылды.

Ош шаарынын тургуну Аманбек Алтымышевдин макаласы “Ак үйдүн тосмосунан “ийгиликтүү” ашып өтсө – революция, ал эми ийгиликсиз ашса - кылмыш болуп саналабы?” деген ат менен жарык көрүп, Ташиев азыркы бийликке өтө коркунучтуу фигура эместигин, тескерисинче президент Атамбаев, Жылдыз Жолошева айткандай, Өмүрбек Текебаев, Феликс Куловдой саясатчылардан көбүрөөк корксо болмоктугун, анткени бийлик үчүн ачык айткандарга караганда ар убакта кошоматчылар коркунучтуу болорун, азыркы бийликти “арзыматтар” курчап алганын сөз кылды.

“Жаңы агым” гезити “ГЭСтердин курулушу Кумтөрдүн кейпин кийбеши керек” деген ат менен депутат Өмүрбек Текебаевдин маегине окурмандын көңүлүн бурду. Депутат орус тарап болгону 15 млн. доллар акчасы менен кирип атканын, ал акчаны техникалык-экономикалык негиздерге жумшаарын бетке кармап, ишти өзүбүз кылабыз деп атканын, ошентип Орусия эч нерсе кошпой эле 50 процентти алып отурганын, ал эми ГЭСти курууга кеткен каражат Кыргызстандын эсебинен төлөнөрүн, ал муну туура эмес деп эсептээрин, айтор келишимде өкмөтүбүз тактап ала турган көп кемчиликтер бар экенин баяндады.

Кескиленген гимн

Жаңы жыл алдында Жогорку Кеңештин депутаттары гимндин саптарын карап, бир куплетин алып салганын угуп, чыгармачыл адам катары аябай өкүндүм. Гимн бул кетмендин же күрөктүн сабы эмес, ал сынып калса кайрадан кесип салып койгудай. гимнге өтө аяр мамиле жасоо керек экендигине ар бирибиз маани берсек. Мындай терең изилденбей шашылыш кабыл алынган чечим жалпы элибизге пайда алып келбейт деп эсептеймин.

Эгерде гимндин бир куплети алынып салынса, гимндин текстиндеги ыр саптарынын логикалык байланыштары үзүлүп, анын тарбиялык мааниси келечек муундарга жетпей калат. Экинчиден, аны бийлик күчкө салып кабыл алган күндө да мамлекеттин казынасына чыгым болуп, кайрадан бир топ жылдардан кийин гимнге кайрылууга туура келет. Себеби гимндин текстериндеги ыр саптарында бир топ кемчиликтер бар. Ага мамлекет каражат кетирип, миңдеген акчаларды коротконго жараша гимндин ыр саптарын оңдоп, түбөлүктүү кылып түзүү - мезгил талабы.

Өзгөртүүгө себеп болгон мамлекеттик гимнге токтолсок, гимндин текстин жана өлкө желегин өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңеш 2011-жылдын 14-майында токтом кабыл алып, анын негизинде комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын курамына ар бир фракциядан үчтөн депутат, белгилүү илимпоз жазуучулар, коомдук ишмерлер, алардын катарында мен да киргенмин. Ошол жылы үч жолу мен да гимн боюнча талкууларга катышып, тексттеги кемчилик-каталар тууралуу өз оюмду айткам. Экинчи жолу чогулушка катышканымда гимндин экинчи куплетине Каныбек Абдыкадыров деген агай менен акын Шабданбек Кулуев толуктоолорду киргизип сунушташкан экен. Аны чогулушта талкуулап көрүп, ал сунушталган куплеттер жарабайт деп тапканбыз. Үчүнчү жолу чогулушка катышканымда Кыргыз эл акындары Шайлообек Дүйшеев жана Эгемберди Эрматовдор гимндин текстерине толуктоолорду киргизген вариантын сунушташкан. Бирок ал сунушталган эки куплет ыр да өтпөй калган.

Ошол эле учурда гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин өзүнүн варианты сунушталып, ага бир аз толуктоолор киргизилген. Комиссиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиев менин эмгегимди эске алып, гимндин текстиндеги кемчиликтерди оңдоп түзөгөн ушул жигиттин демилгеси деп, ал комиссиянын мүчөлөрүнө түшүндүрмө берип, мени гимндин текстин оңдоп түзөтүүгө авторлош кылып киргизген болчу.

Бирок мен ага авторлош болгонума ынанган эмесмин. Себеби гимндин тексттериндеги оңдоп түзөөлөр көңүлдөгүдөй оңдолбой калган эле. Тилеке каршы мени ошол кезде авторлош кылып кошкону менен гимндин автору менин толук сунушумду кабыл албай, өзүнүкүн туура деп эсептеп, укугуна таянып макул болбой койгон. Эми ошол автор оңдогон экинчи куплет, толугу менен депутаттарга жакпай алып салынып жатпайбы. Эгер менин сунушумду автор туура кабыл алганда балким башкача болмок. Эл тааныбаган каяктагы айылдык бир киши келип, гимнге авторлош болобу деп ойлошсо керек.

Эми гимндин автору Ш. Кулуев, Э. Эрматов жана Ш. Дүйшеевдердин сунуштаган варианттарын талкуулап көрөл:

Ат ойнотуп комуз чертип таң аткан,
Асыл жерди көлдү берди жараткан.
Биз бир элбиз ынтымакты достукту,
Бийик тутуп биримдикте бараткан.
Наркы бийик салты ыйык элденбиз,
Намыс менен эмгек менен келгенбиз.
Ай ааламга Кыргыз атын тааныткан,
Айкөл Манас мекендеген жерденбиз.


Аталган ыр саптарын окуганда ар бир кыргызга жагат. Бирок ал гимндин аныктамасындагы талабына толук жооп бербейт. Тактап айтканда бир эле элибиздин тарыхы менен салты айтылып калган. Гимн деген эмне? Гимн бул мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Ошондуктан гимндин текстиндеги ыр саптары мааниси боюнча жаңы коомго жараша башка ырлардан өзгөчө айырмаланып турат. Мисалы, туулган жер, ата-эне, мекен, сүйүү ж.б.у.с ырлар бир маани боюнча аяктаса а гимндин текстиндеги тарбиялык уран-чакырык, ата мекен, эл, эмгек, билим илим, өнүгүү ж.б.у.с мазмундарда жазылат.

Аталган түшүндүрмөгө жараша гимндин ыр саптарындагы куплеттер ар башка мазмундарда түзүлөт. Бизде ага маани бербей кээ бир акындар ыр саптарынын мазмундары жана уйкаштыктары куюлушкан эмес деген сын пикирлерди айтышат. Гимндин текстинде негизинен мамлекеттин негизги тарбиялык багыттагы идеологияны камтыган ыр саптары куралуусу керек. Аны адам окуганда же ырдалганда рухий жактан азыктанып туруусу абзел. Ошондуктан тарбиялык багыттагы ырлар уйкаш болбосо да так учкул насаат мазмундарда жазылат.

Гимндин автору Ш. Кулуевдин гимндин экинчи куплетине киргизилген толуктоолоруна токтолсок төмөнкүчө:

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Достуруна даяр колун берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Береке кут толсун кыргыз жерине.


Эми жогорудагы ырды чечмелеп көрөлү. Байыртадан бүткөн мүнөз элиме, мүнөз эмнеден бүтөт, ал жараткандан же табияттан бүтөт эмеспи? Досторуна даяр колун берүүгө, мында досторуна колун бербей туруп, элдин кайдагы ынтымагы болот деген суроо туулбай койбойт. Тактап айтканда, ырдын мазмуну боюнча, кийинки саптарына шайкеш келбей жатпайбы?

Эми менин сунушума көңүл буруңуздар:

Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Куттуулукту берет кыргыз жериме.
Аталган ырды талдоого алсак,
Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле -
болгондо гана бул ынтымак эл бирдигин ширетип деп айтса туура болмок. Мына ушундай сунушума ошол кезде автор макул болбой койгон. Менин сунушум боюнча, ал ырдагы негизги тарбиялык маани өзгөрбөй калышы керек болчу. Ошондуктан башка мамлекттердин гимни эки куплет экен дебестен бардык нерсенин үлгүлүү жагын гана алышыбыз керек.

Эми гимндеги ыр саптары, жалпысынан анын туура эместиги жөнүндө түшүндүрмө бере кетейин:

Ак мөңгүлүү аска зоолор талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар. — Аталган ыр саптарына маани бесек, а дегенделе ак мөңгү менен талаалардан башталып, ата мекен жөнүндөгү ой так түшүнүктүү берилбей калган. Аска зоолор талааларды элибиздин жаны менен барабар — деп айтууга болбойт. Мисалы Мекенибиз ыйык тоолор гүлзарлар, Элибиздин жаны менен барабар — деп айтылса, туура болмок.

Сансыз кылым Ала Тоосун мекендеп эмес, сактык менен эл мекенди ардактап, сактап келди биздин ата бабалар- дегенде ырдын логикалык байланыштары да туура келмек.
Гимндин экинчи куплетин жогоруда талкууга алганбыз.

Ошондуктан үчүнчү куплетине өтөлү:

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги — деген ыр саптарында эгемендүүлүктүн кичинекей мезгилин камтыган мааниси бар. Ал сөз желбиреди эркиндиктин желеги деген. Калаган ыр саптарын эки сабы болсо жыйынтыктоочу мазмунду камтыган. Тактап айтканда ырдын биринчи куплетинде бериле турган ойду үчүнчү куплетине таңып койгон.

Калаган акыркы эки сап ыр саптарынын мазмунуна шайкеш келиш үчүн төмөндөгүдөй жазылыш керек болчу.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбирей бер эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели — деп жазылганда гана тилек максатында айтылып бата сымал болмок.

Эми мен сунуштаган гимндин эки вариантына көңүл буруңуз:

Мекенибиз Алатоолор гүлзарлар,
Ата Мекен жаныбызга барабар.
Сактык менен эл мекенди ардактап,
Сактап келди биздин ата- бабалар.

Кайырма:

Өнүгөлү биздин эл,
Билим-илим жолунда.
Өркүндөйлү өсөлү,
Өнүгүүнүн доорунда

Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип
Куттуулукту берет кыргыз жерине.

Кайырма:

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбирей бер эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

Эми экинчи варианты

Элибизге элдик бийлик кут келди,
Гүлдөтүүгө ыйык ата мекенди.
Ак эмгекген өркүндөтсөк мекенди,
Муундардын сыймыгы бул эртеңки.

Кайырма:

Өнүгөлү биздин эл,
Билим-илим жолунда.
Өркүндөйлү өсөлү,
Өнүгүүнүн доорунда

Мекенибиз ыйык тоолор гүлзарлар,
Ата Мекен жаныбызга барабар.
Сактык менен эл мекенди ардактап,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:

Табияттан мээрим бүткөн элиме,
Адам затка жасайт достук мамиле.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип
Куттуулукту берет кыргыз жерине.

Негизинен гимндеги тарбиялык ыр саптары элге сиңип, жеткиликтүү болуу үчүн аны окуучулар менен студенттерге жаңы коомго жараша чечмелеп түшүндүрмө бергенде гана ал элге сиңип жемиштүү болот.

Мисалы сунушталган гимндин текстинин экинчи вариантын чечмелеп көрөлү.

Элибизге элдик бийлик кут келди,

Элдик бийлик деген эмне? Элдик бийлик бул коомдогу башкаруунун эң жогорку түзүлгөн формасы. Ошондуктан Баш мыйзамыбызда эгемендүүлүктүн ээси жана бийликтин булагы эл деп жазылган. Элдик бийлик элибизге эмненин негизинде келди? Албетте эгемендүүлүктүн. Эгемендүүлүк деген эмне? Эгемендүүлүк бул Ата Мекенге элибиз ээ чыгуу эле эмес, дүйнөлүк коомчулукта улут катары тилин маданиятын сактап, таанылган эл, өз алдынча көз карандысыз мамлекет куруп, коомго жараша өнүгүп адамдык асыл сапаттардын негизинде эркиндикте жашоо дегенди билдирет.

Эгемендүүлүккө кыргыз эли канча жылда жетти жана анын баркы эмнеде? Эгемендүүлүккө кайсы учурларда доо кетет? Ж.б.у.с гимндин текстиндеги ыр саптарын чечмелеп түшүндүрмө бергенде гимн ырдалган учурда ата-бабалардын тарыхтагы басып өткөн кыйынчылыктарын көз алдыбызга элестетип, ушул эгемендигибизге жеткенибизге сүйүнүп, кайгы менен сүйүнүчтүн ортосунда тургандыгын адам сезгенде гана жүрөгүнө колун коюп туруусу керек. Тилекке каршы биз андай түшүнүктөгү мааниге жетише элекпиз. Андай түшүнүккө жеткенибизде гимндин бир куплетин депутаттар алып салышмак эмес.

Орусия Федерациясында да СССРдин гимнинин текстин мурдагы авторлор эле кайрадан оңдошуп коюшкандыгы көпчүлүккө маалым.

Абдинаби Назарбаев, акын, юрист, Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты, Баткен облусу.

Алайлык Гүлдана асманда көз жарды

22-январда Санкт-Петербург шаарынан Ошко келаткан учактын бортунда көз жарган Гүлдана Шерикпай кызынын ден соолугу жакшы.

Учакта төрөлгөн ымыркай ушул күндөрү Ош облустук төрөтканасына келгендердин баарынын кызыгуусун жаратууда. Баланын апасы 23 жаштагы Гүлдана Шерикпай кызы Алай районунун Согонду айылынын тургуну. Ымыркай анын экинчи баласы экен.

Асманда көз жарган келин учакка отурганда өзүндө төрөттүн эч кандай белгилерин байкаган эмес. Учак жарым жолго жеткенде анын толгоосу башталган. Буту менен келген ымыркайды экипаждын командири Алексей Романюк төрөтүп алган. Бала жарык дүйнөгө келгенден соң, бир жарым сааттан кийин учак Ошко конгон:

- Менин эсебимде кийинки айларда төрөшүм керек болчу. Баланын канча айлык экенин так билчү эмесмин. Курсагым да чоң эмес эле. Кыргызстанга кетем деген күнү эртең менен душка түшкөм, ошол учурда белим бир аз ооругандай болгон. Мындай учур мурда деле болгондуктан маани бербептирмин. Учакка отураарда, жүгүмдү тапшырып жаткан кезде да белим ооруду. Анда деле толгоо башталып жатат деген ой келбеди. Асманга көтөрүлгөнүбүздө көңүлүм айныды. Ичимдеги бала кыймылдай баштады. Ажатканага кирдим. Анан эле толгоо башталды.

- Жаныңызда тааныштардан бирөө-жарым бар беле?

- Жок, эч ким жок эле. Менин толготуп жатканымды көрүп, жанымдагылар айткан окшойт, учактагы командир Алексей Романюк жардамдаша баштады. Дагы бир-эки стюардесса кыз көмөктөштү, бирок негизги жардамды Алексей берип, ошол киши төрөтүп алды.

- Отурган эле ордуңузда төрөдүңүзбү же башка жакка алып барыштыбы?

- Адамдардын арасында эле, өзүм отурган орундукта төрөдүм.

Гүлдана Санкт-Петербург шаарындагы дүкөндөрдүн биринде сүт азыктарын сатып иштечү экен. Эреже боюнча ай-күнү жакын айымдардын учакта учуусуна уруксат берилбейт. Гүлдана боюндагы баласы канча айлык экенин так билген эмес, анын үстүнө курсагы да чоң болбогондуктан, билет алууда кыйынчылык жаралбаганын айтты. Анын божомолунда баласы кийинки айларда төрөлүш керек эле.

Эки жарым килограмм салмакта дүйнөгө келген ымыркай азыр реанимация бөлүмүндө жатат. Аэропорттон төрөт үйүнө келгенге чейин үшүп калгандыгына байланыштуу ден соолугу начарлаганын облустук төрөткананын жетекчи орун басары Асылкан Асанова айтты:

- Менин практикамда учакта төрөп келген учур алгачкы жолу кездешүүдө. Ошол күнү мен төрөтканада нөөмөтчү элем. Таң атайын дегенде Тез жардам машинесинде алып келишти. Учак таңкы саат төрттөрдө конгон экен. Келиндин абалы жакшы, ден соолугунда эч кандай маселе жок. Бала буту менен төрөлгөндүгү жана шарты жок жерде жарык дүйнөгө келгендиги үчүн кыйналып калган. Анын үстүнө төрөтканага келгенге чейин үшүп да калыптыр. Андан сырткары ай-күнүнө бир аз жетпей төрөлгөн. Ошого байланыштуу ден соолугу начарлап турат. Реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Качан гана абалы дурус боло баштаганда, үйгө алып кетүүгө уруксат беребиз.

Авазкан Жакыпова
Авазкан Жакыпова
Эне-бала Ош аэропортунан төрөтканага келер замат келиндин үй-бүлөсүнө кабар берилген. Гүлдананын кайненеси Авазкан Жакыпова алгач бул маалыматка ишенбегенин айтты:

- Телефон чалып, "эне, мен учакта төрөдүм, азыр төрөтканадамын" дегенде ишенген жокмун. Себеби ай-күнү жете элек болчу да. Кантип төрөгөнүн сурасам учкуч төрөткөнүн айтты. "Асманда да кантип төрөсүн" деп бир топко чейин ишенбей, анан ынандым. Төрөттү кабыл алган ошол учкучка ыраазымын, өмүрү узун болсун. Неберем буту менен төрөлүптүр, бул аябай татаал төрөт. Алексейге рахмат.

Ымыркайдын атасы азыр Орусияда. Балага ат коюла элек. Төрөттү кабыл алган учкуч бөбөккө өзүнүн ысымын берүүнү суранган. Бул боюнча Гүлдана үй-бүлөсү менен кеңешип, анан бир чечимге келишээрин айтты.

Төрөт кабыл алынган учак Орусиянын "Россия" авиакомпаниясына тийиштүү экен. Акушердик кылган учкуч Алексей Романюк азыр мекенинде болгондуктан аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгөн жок.

Бишкек мыкты спортчуларын сыйлады

24-январда Бишкекте дене тарбия жана спорт тармагында Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Ар жыл сайын жылдын жыйынтыгы боюнча спорт тармагында Бишкек мэриясынын Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы салтка айланып баратат. Бул ирет да 8 түрдүү сыйлык ээсин тапты.

Даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаровдун элеси түшүрүлгөн медаль жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу менен Бишкек мэри Иса Өмүркулов учурда калктын ден соолугун чыңдоо көйгөйлүү маселе экенин айтып, былтыр спортто өксүктөр болгонун белгиледи.

"Мыкты спортчу" деген сыйлык оор атлетика боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү Сыргак Абдырамановго ыйгарылды. "Сыйлык жооперчиликти күчөтүп, быйыл Бишкекте өтө турган Азия чемпионатында байгелүү орунду жеңүүгө милдеттендирет", дейт Сыргак Абдыраманов.

Бишкек шаары боюнча "Мыкты машыктыруучу" деп баскетбол устаты Павел Митрафонов таанылды.

Дене тарбия боюнча "Мыкты аймактык башкаруу мекемеси" деп Октябрь районунун 7-аймагы аталды.

Шаардык мектептерден былтыр спорт менен таанылып, башкаларга үлгү болгон 62, 70-орто мектептер сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Ошондой эле шаардагы жүзгө жакын мектептин ичинен "Дене тарбия боюнча мыкты мугалим" деген сыйлыкка 79-орто мектептин устаты Бегали Алимкулов арзыды.

Бишкек шаарында 12 балдар спорт мектеби бар, аларда атаандаштык күч.

Былтыркы жылдын жыйынтыгында спорттук ийгиликтерди жараткан оор атлетика боюнча балдар спорт мектеби Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыкка татыктуу болду. Ушул мектептин жетекчиси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Улан Молдодосов быйыл жайында Бишкекте алгачкы ирет Азия чемпиону болоорун айтып, даярдык көрүп жатышканын кошумчалады.

Спортту чагылдырып, ден тарбия көйгөйлөрүн массалык маалымат каражаттарында жайылтып жүргөн бир нече журналист бар. Бул ирет “Вечерний Бишкек” гезитинин баяндамчысы Вячеслав Аникин Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктын ээси болду.

Дене тарбия, спортко кошкон зор салымы үчүн Октярь райондук балдар спорт мектебинин жетекчиси Капар Мухтаров да сыйланды.

Мындан сырткары да эмгеги менен таанылган бир нече кызматкерлерге баалуу сыйлыктар тапшырылды. Былтыр самбо, кол күрөш жана сууда сүзүү боюнча ийгилик жараткан спортчулардын мээнети да бааланды. Сыйлык тапшыруу аземи ыр-күү менен коштолду.

Былтыр Лондон олимпиадасында кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга жетпей калганы, спортчуларга жакшы шарт түзүлбөй жатканын сынга алгандар да болду. 2014-жылкы Азия оюндарына, келээрки олимпиадага азыртан даярдык көрүү зарылдыгы да белгиленди.

Кылмыштуу топторду кантип жеңебиз?

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги уюшма кылмыштуу топторго карата жазаны катаалдатуу демигесин көтөрүүдө.

Бийликтер криминалдык топторго каршы күрөш натыйжасын берип жатканын айтса, бир катар эл өкүлдөрү жана жарандык лидерлер криминал кайрадан баш көтөрүп жатат деп эсептешет.

- Азыркы бийликтин шайлоо алдындагы криминалга каршы жарыялаган күрөшүнөн майнап чыктыбы?

- Уюшма топтордун саясий лидерлерге, ишкерлерге кысымы токтодубу?

- Криминал кандай шартта качан соолуйт, аны жеңүү мүмкүнбү?

Бул маселени “Арай көз чарай” талкуубузда депутат Турат Мадылбеков менен сүйлөштүк.

- Криминалга каршы күрөш азыркы бийликтин шайлоо алдындагы башкы ураандарынын бир болгон. Убада канчалык деңгээлде аткарылып жатат?

- Туура, азыркы президент, анын ичинде биз, “Ата Мекен” партиясы да ошондой убада бергенбиз. Аны президент Роза Отунбаева, кийин Алмазбек Атамбаев шайлангандан кийин да колго алышты. Бирок мыйзам кабыл алып коюу менен эч качан маселе чечилбейт.

Мыйзамды ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте мамлекет тараптан акча бөлүнүш керек. Экинчиден, кылмышкерлер менен күрөшкөн балдарга жакшы шарт түзүп бериш керек. Алардын да өмүрү коркунучта болот.

Азыркы абал мурдагы эки бийликтин тушуна караганда жакшы деп айтсак болот. Анткени Бакиевдин убагында райондордо жер иштеткендерди, же болбосо фермерлерге да салык салып койгон учурлар болгон. Бизнес ачкандын баарын баса калышчу, азыр андай жок деп айта алам.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Ильясов: Эми жемибизди жедирбейбиз

Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин 1987-жылкы техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык курса, экономикалык жактан чоң утуш алат. Мындай пикирин белгилүү сейсмолог Бекташ Ильясов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Адистин айтымына караганда, Камбар-Атанын сейсмикалык пайдубалы Токтогул ГЭСи менен Бишкек шаары жайгашкан аймактардан да бекем Окумуштуу-адис Бекташ Ильясов Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Кыргызстан-Орусия долбоорунун айланасында “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Камбар-Ата ГЭСин, Жогорку Нарын каскадын куруу долбоору боюнча азыр талкуулар жүрүп жатат. Бул долбоорго сиз кандай баа берип жатасыз? Кыргызстан үчүн канчалык жөндүү болуп атат?

Бекташ Ильясов: Мындай чоң долбоор Кыргызстандын 20 жылдык өмүрүндө болгон эмес. Бул инвестицияга өтө так, аяр мамиле керек. Анын үстүнө ратификация (эки тараптуу макулдашуулар Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат - ред.) маалында ирээнжитип алышыбыз да мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги депутаттар айткан сөздөрүнө кичине сагыраак болсо деп кесипкөй катары айтат элем. Мен келишимди колума алып окуган жокмун. Бирок “Кумтөр” менен Нарын дайрасына курула турган ГЭСтер эки башка да. Нарын дайрасы кечээ депутаттар айткандай кылым бою ага берет. Келишим боюнча теңме-тең ээлик кылат экен. Анан келишимди эскертмеси менен кабыл алуу канчалык эл аралык келишимдин шартына туура келет билбейм, бирок, менин оюмда ратификация кылып алып, анан иш үстүнө келгенде оңдоп жүрүп отурсак жакшы болоор эле. Камбар-Ата-1ди Кыргызстан эч убакта кура албайт. Ал эми өөдө жакта курулуп аткан төрт ГЭС майда ГЭСтердин эле катарына кирет.

“Азаттык”: Макулдашууларга кол коюлду. Бирок ратификациялоодо айтылып жаткан сындардын бир өңүтүндө макулдашуунун өзү Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогудай макулдашуу болдубу же жокпу деген суроого жооп изделип жаткандай. Сиз документ менен таанышкан жокмун деп атасыз, бирок маалыматтарды алып атсаңыз керек. Ушул эки тараптуу документ Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деп өзүңүз ишенесизби?

Бекташ Ильясов: Толук ишенем. Анткени мындай чоң инвестиция Кыргызстанга оңой менен келбейт. Анын үстүнө Орусия бизге бөлөк-бөтөн эл эмес, тырмактайыбыздан бирге өстүк дегендей. Ошончолук чоң, 2 миллиардга жакын акча киргизип аткандан кийин анын да кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү болушу керек. Бардык инвесторлор өз кызыкчылыгын жогору карайт. Ошол эле кезде Кыргызстандын кызыкчылыгы туура эле сакталган. Жанагы 75 пайыз акцияны айтып атышат. Курулуп, чыгымы акталып бүткөндөн кийин Орусия өткөрүп бериши керек.

“Азаттык”: Сиз өткөрүп берет деп ишенесизби? Мисалы, Кумтөр чатагы эмгиче созулуп келатат. Бул маселени Өмүрбек Текебаев көтөрүп жатат кезинде биргелешкен ишкана түзүлгөнү менен канадалыктар өз кызыкчылыктарына ойлоп кетишти деп. Ошондуктан бул ирет Кыргызстан тарап ушундай болбош үчүн кепилдиктерди алдыбы деген суроо пайда болуп атпайбы?

Бекташ Ильясов: Кепилдикти эки мамлекет тең алышы керек. Биз келген инвесторлорго шарт түзүп беришибиз керек деп атабыз. Балким бышпаган жерлери бардыр, бирок, Кумтөр боюнча түзүлгөн келишим менен бул келишимдин айырмасы асман менен жердей. Көп нерселер изилденип, такталып, анан кол коюлуп атат.

Жыйырма жыл ушунча такшалгандан кийин биз кызыкчылыгыбызды жедирип жиберген шарттан өттүк. Эми Текебаевдин майда ГЭСтерге берилип кетет дегени жүйөөлүү. Бирок ал деле 8 пайыз эле акция, калганы мамлекеттики болуп атпайбы.

“Азаттык”: Ратификация болду дейли. Экологиялык коопсуздук, дегеле коопсуздук курулуштун өтө маанилүү бөлүгү да. Сиз көптөгөн жылдар бою ГЭСтер боюнча иштеген тажрыйбалуу адисмин деп атасыз, коопсуздук сакталабы?

Бекташ Ильясов: Камбар-Ата Токтогулга салыштырмалуу бир тепкичке оң. Салыштырайын: Токтогул ГЭСи боюнча тыянагын алып келгенде Борбордук Комитет 10 балл деп берген болчу. 10 балл деген СИНИПте (ар бир баллга канча курулуш материалдары кетерин, кантип куруларын аныктоочу орган) болгон эмес. Анан 9 баллга түшүргөн.

Камбар-Атаны жаратылыш босого кылып койгон. Жанагыдай эл көчүрүү, жардыруу, кымкуут түшүү деген жок. Босогосуна эле жакшылап куруу керек. 8 баллдык зона. Талас, Фергана өрөөнүндөгү эң ыңгайлуу жер. Кудай таала ушуну берген.

Кантип аныктаганбыз? Ага 1979-жылдан 1986-жылга чейин Колумбия университетинин окумуштуулары, дүйнөгө атагы чыккан белгилүү геолог-сейсмологдор катышкан, Орусия академиясынан, Кыргызстан академиясынан жалгыз мен катышкам. Ошол тыянак менин колумда турат, ошо бойдон берилбей калды.

Камбар-Атанын экологиясын эл аралык экспертизадан өткөргөнбүз. Биринчи, коопсуздугу, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, экинчиден, сейсмологиялык коркунучу, үчүнчүдөн, көчкү-мөңгү болбойбу деген өндүү 18 вариантты изилдеп чыкканбыз.

1987-жылы СССРдин Илимдер Академиясынын жер физикасы институтунда бул иликтөө корголгон. Ошол кезде атагы чыккан академиктер, корреспондент-мүчөлөр, Колумбия университетинин профессору Дэвид Симсон, Альварос, Милл деген окумуштуулар катышкан. Ошондо бардыгыбыз бир добуштан 8 баллдык зона деп кол койгонбуз. Бишкек шаары 9 баллдык аймакта жайгашкан. Демек экологиялык, экономикалык жактан дагы бир тепкич жогору турат. Камбар-Ата Токтогул ГЭСинен эки-үч эсе жогору турат. Ошондо негизи техникалык-экономикалык негиздемени бүткөнбүз.

“Азаттык”: Камбар-Ата ГЭСи крулушка даяр деп айтып атканыңыздын жөнү ушул болуп жатабы?

Бекташ Ильясов: Ушул. Эл аралык экспертизага туруштук берген отчет менин колумда турат. Ошол кезде Орто Азиядагы республикалардан Өзбекстан абдан кызыккан. Ташкентте Орто Азия борбордук гидродолбоор деген бар болчу.

“Азаттык”: Ташкенттин бир аз таарынып жатышынын жүйөсү да ушундан го дейм?

Бекташ Ильясов: Мүмкүн. Ошолор менен да кеңешип коюш керек болчу. Нарын дайрасы биздин эле эмес, ошол казак элинин, өзбек элинин, кыргыз элинин бактысы. Эгер Камбар-Ата-1 ишке кирсе, ушунчалык ыңгайлуу шарт болот. Кышкысын сактайбыз да, жайкысын канча сураса беребиз. Камбар-Ата бүтсө Токтогул толук көзөмөлгө алынып калат.

“Азаттык”: Ушул макулдашуу иштелип жаткан кезде, азыр деле ТЭН даярдалып жаткан кезде сизден кеңеш сурагандар болдубу?

Бекташ Ильясов: Тилекке каршы азыр окумуштуулардын ой-пикирин оңой менен укпай калган. Энергетика министрлигине ошол отчетту берип көрсөм жыйырма күн жатты. Алып туруп Экономика министрлигине алып бердим. Алар кат жазып келиңиз дейт.

“Азаттык”: Азыр эми жаңыча ТЭН өткөрүү кандай өзгөрүүлөрдү көрсөтүшү мүмкүн?

Бекташ Ильясов: Эми геологиялык, сейсмикалык процесстен алып караганда өткөн жыйырма жыл миллондон жылт эткен эле бир үлүштү берет. Мендеги документ бир кылым өзүнүн маанисин жоготпойт.

“Азаттык”: Сиздин сунушуңуз кандай?

Бекташ Ильясов: Мен азыр билбейм азыр кандай кылып атышат. Эгер 8 баллдык аймак деп таанылса экономикалык жактан да, убакыттан да утуш болмок. Анда 3-4 жылда курулуп бүтөт, эгер 9 балл деп эсептеп алышса жок эле дегенде 7-8 жылга барат.

Кызматташтыктын жемиши - китеп

Кызматташтыктын жемиши - китеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

Кыргызстандык ишкерлер Ооганстанга кийим сатат

АКШ Ооганстандагы аскерий контингент үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды, кийим-кечекти сатып алат. Мындай келишимге 24-январда Бишкектеги кыргыз ишкерлери менен АКШ Борбордук кол башчылыгы ортосунда кол коюлду.

Келишимге ылайык, кыргызстандык KSB Group аттуу ишкана АКШнын Ооганстандагы аскер контингентине күйүүчү май менен иштей турган генератор сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Аталган ишкананын директору Кубан Кожомуратовдун айтымында, АКШнын Коргоо министрлиги өткөргөн тендерге катышып, утуп алган.

- Биздин ишкана генераторлордун керектүү тетиктерин четтен сатып келип, Бишкекте курайт. Өткөн жылы “Кыргыз ишканаларынын порталы” долбоорунун жардамы менен тендерге катышканбыз. Бул портал АКШнын Коргоо министрлигинин керектүү буюмдар үчүн жарыялаган тендер тууралуу бизге кабарлап, жол-жобосун көрсөтүп турду. Натыйжада биздин ишкана АКШ тараптын бардык талаптарына жооп берип, жеңүүчү табылды. Эми марттын аягына чейин жалпы баасы 100 миң доллардан ашык каражатка эсептелген генераторлорду Ооганстанга жеткирип беребиз.

Бир топ жылдан бери АКШ өкмөтү Ооганстандагы аскер контингентинин муктаждыктары үчүн кыргызстандык товарларды сатып алууну сунуштап келген. Бирок кыргызстандык ишканалар америкалык тендерлердин жол-жобосун жакшылап билбей, аны ута алган эмес. Ошондуктан былтыр октябрдан тарта АКШнын соода палатасынын колдоосу менен кыргызстандык ишканалар үчүн долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун эксперти Акылбек Жолдошев буларды билдирди:

- АКШ Ооганстандагы аскерлерин камсыз кылуу үчүн тендерлерди өткөрүп жүрөт. Ага биздин ишканаларды чакырат. Мына ушул АКШ заказчылары менен кыргыз ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн долбоор ишке ашырылып жатат. Ага ылайык, АКШ керек болгон товарлар жөнүндө, тендердин жол-жобосу кыргызстандык ишкерлерге маалымат берип турабыз. Ошол эле учурда Кыргызстанда дал ушундай ишканалар бар деп америкалыктарга маалымат берилет.

Жолдошевдин айтымында, учурда кыргызстандык 120га жакын ишкана АКШ өткөргөн тендерге катышууда. АКШ тараптын да Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатып алууга кызыгуусу күч:

- АКШ биздин ишканаларды дараметин өтө жогору деп баалап жатышат. Алар негизинен Кыргызстандагы курулуш материалдары, керебет баштаган эмеректерге, кийим-кечени сатып алууга кызыкдар болуп жатат. Маселен, Караколдо бир тигүүчү цех Орусиянын ыкчам бөлүктөрүнө форма тигет экен. Ошол цех Ооганстандагы аскерлер үчүн кийим тигүүгө белсенип жатат.

АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлү, майор Том Гоерлингдин “Азаттыкка” билдиришинче, АКШ өкмөтү Ооганстандагы аскер контингентти камсыздоодо Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүгө кызыкдар:

- Биз Борбор Азия, анын ичинде кыргызстандык ишкерлер менен абдан тыгыз иштешүүгө абдан кызыкдарбыз. Маселен, бул өлкөлөрдөгү ишканаларга былтыр октябрдан тарта 20 түрлүү товар үчүн тендерге катышууга мүмкүнчүлүк бергенбиз. Эми февралдан тарта муну эки эсеге көбөйтсөк деген план бар. Муну менен Кыргызстандык ишканалардын тендерге көбүрөөк катышып, андан утууга мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Ошону менен катар Том Гоерлинг 2014-жылы “Манас” аба майданынан АКШнын жүк ташуу борбору чыгарылган күндө да мындай экономикалык карым-катнаш улана берээрин кошумчалады:

- 2014-жылы “Манастагы” жүк ташуу борбору чыгарылса деле кыргызстандык ишканалардын товарларын сатып ала беребиз.

Бул келишим кыргызстандык бизнес үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачылып жатканын кабарлайт. Мындай пикирди айткан Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Гүлнара Өскөнбаева бул мүмкүнчүлүктү арттырууга мамлекет да өз көмөгүн көрсөтүшү зарыл экенин белгилейт:

- Биздин ишкерлер канчалык тендерлерге катышып, сырткы базарга чыгуу аракетин көрсө да алардын алы чектелүү болуп жатат. Ошондуктан мамлекет узак мөөнөткө жана пайызы төмөн насыяларды берип ишкерлерди колдоого алса, мындай мүмкүнчүлүктөн колдонуп калат элек.

АКШ Ооганстандагы коалициялык күчтөрү үчүн оболу Кыргызстандан азык-түлүк сатып алууга ынтызар болгон эле. Бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк америкалык стандарттарга жооп бербегени үчүн бул долбоор токтоп калган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG