Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:39

Кыргызстан

Тазарбаган Жер шары

Адамзат кайда багыт алып, эмне көздөп барат? Бул суроо ар бир адам аттуунун жүрөгүндө туйлап турса да эч ким жооп таба албай келет. Бири адамзаттын күнү бүтүп бара жатат десе, бири өнүгүп келет дейт. Башкасы Жер шары алмашып, адамзат улуу эволюциялык өзгөрүүгө дуушар болоорун айтат. Бирок булар азырынча жөн гана жоромол, так теориялык негизде, илимий түрдө тастыктала элек. Ошондуктан кандай гана көзү ачыктык болбосун бардыгы Кудайдын колунда экендиги талашсыз чындык.

Ааламдашуу алкагында карасак, дүйнөдө эмне деген гана окуялар болууда! Аалам алмашып, ар кандай ыңкылап, төңкөрүштөр, согуштук жана экологиялык алааматтар, жанкечтилик, баңгилик көйгөйлөрү, түрдүү эпидемиялык оорулар жана башка.

Албетте булар адамзаттын жашоосуна коркунуч жаратып, ары жаңжалдуу, ары азаптуу, түбү терең аңга кептелгендей. Бирок бул коркунучтардын себеби эмне? Баарыбызга белгилүү болуп турса да, билмексенге салганыбыз менен жообу ачык эле. Ааламдагы бүткүл терс өзгөрүүлөргө адам өзү себепкер. Алыстан душман издеп, натыйжасын бурмалоого аракет кылганыбыз менен сокурга да белгилүү болуп турбайбы.

Адамзат жүзү каралыктын, абийирсиздиктин чегине жетип, ошондуктан жогорудагыдай көрүнүштөр болуп жүрбөсүн. Анткени “кимди ким билди, Быржыбайды там басты” деген өзүмчүлдүк ашынган заманда, адамдык баалуулуктар артта калып, кызылды көрсө, кыйылбай чуркаган ач көздүк алдыга чыкты.

Эптеп эле кайсы жол менен болсо да байлыкка, бийликке жетишүү максаты адамдын ой-тилегин курчап калды. Байлык, бийлик жакшы нерсе, ага жетүүнүн эки гана жолу бар: бири - адал эмгек, маңдай тер менен, экинчиси - кара өзгөйлүк, арам жол. Албетте биринчиси өтө татаал, бирок мөмөсү таттуу, экинчиси текейден арзан, колдун башы менен гана жасалчудай оңой, бирок натыйжасы кара түн, шор даамданган күйүт.

Муну адам беш колундай билип турса да эмнегедир экинчи жолго салат. Бул тек гана тобокелчилик эмес, атам замандан бери келаткан адам деген улук ысымды унутуш.

Чыңгыз Айтматовду да чыркыраткан бул ааламдагы ак-кара түшүнүгүнүн айыгышкан согушу, адамзаттагы чечилгис, чеги жок талаш качанга чейин созулаары белгисиз. Демократия деп чакырык таштап, эркиндикке умтулганыбыз менен тескерисинче өзүбүздү-өзүбүз чектеп жаткан сыяктуубуз. Ар ким өз каалаганын жасап, бирин-бири кордоп, адамдын буюмдай баасы чегерилип, базарда сатылып жатканы баарыбызга маалым эмеспи. Ушундай сатык заманда эртең биздин да бир органыбыз базарга түшүп, “скидкасы” менен сатылып калбайт деп ким кепилдик берет?

Тоогубузду жоготкондой кичине балдарыбызды эшигибиздин алдынан таппай калып жатабыз. Канча адам тирүүлөй маданияттуу эркин учурда теңсиздикке кабылып, колдон колго өтүп кул болуп жүрөт. Ушул демократиялык эркин заман болсо, анда дагы деле адам уулу азаптан арыла элек экен деген ой келет. Же демократиянын түпкү маңызын түшүнбөй жатабызбы?

Адам жаралгандан жакшы жашоого умтулуп, материалдык, моралдык байлык топтоого тырышып жашайт. Ички түшүнүгүндө ар кандай ишенимдер менен күн көрөт. Ушул күнгө чейин адам эмнелерге гана ишенип, эмнелерге гана сыйынбады?

Жер жана асман алкагында түркүн жаратуучулар бар деген түшүнүк адамдын ишенимин ээлеп, көкүрөктөгү боштугун толтуруп келди. Албетте ишенимсиз адам болбойт, канчалык ишенимин тыптыйпыл кылууга аракет кылганыбыз менен, анын ошол нерсеге болгон мамилесин өчүргөндүн ордуна өстүрүп алабыз. Адамдын ишеними, диний көз карашы өз көкүрөгүндө сакталып, жүрөгүнүн түпкүрүндө талкууга түшүп, купуя чагылдырылып турушу зарыл.

Дүйнөгө болгон адамдын ички түшүнүгү, башка адам тарабынан тепселүүгө, күч менен өзгөртүлүүгө жол берилбейт. Ошону менен бирге өз диний ишенимине башка бир адамды мажбурлап багынтуу да терс кабылданышы абзел. Себеби адам аттууну эркин, өз каалоосу менен жетекке алуу жакшы жыйынтык берет.

Табияттан адам купуя сырдуу нерсеге кызыкдар. Ал нерсени канчалык жашырып көргөзбөөгө, адамды андан оолак кармоого тырышпа, натыйжа дайым натуура чыгат. Бул жазылбаган жашоо мыйзамы. Маселен кичине балага текчеде турган даарыны көргөзүп, “муну ичпе, кармаба дагы, өлүп каласың” деп коркутабыз. Бирок биз ары басып кетээр менен дароо аны алып кармап көрөт, ичип да жиберет. Анткени ал кичине бала өзүнүн баёо түшүнүгүндө муну алсам же ичсем эмне болмок элем, өлүп бара жатканда ичпей коём да деп ойлойт. Бул сыяктуу окуя ар бир адамдын башынан өтсө керек. Ошондуктан адамдын бир нерсеге болгон каалоосун, ой-түшүнүгүн өзүнө түшүндүрбөстөн чектеп коюу, кандай максатта болбосун акылга сыйбаган иш. Ал тек гана ошол каалоонун көбөйүшүнө алып келет.

Бирок айрым учурларда адамдын ишеними ачык талкууга алынып, кээ бир дин өкүлдөрү коомдон четтетилип келет. Бул диндер аралык каршылаш акыр барып жакшылыкка алып келбеси ажеп эмес. Алсак акыркы божомолдордо үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу айың кептер күнүмдүк күбүр-шыбырга айланып барат. Албетте акчасын кайда чачаарын билбеген ала көөдөн өлкөлөр үчүн бул коркунуч деле жаратпаса керек, алар үчүн башка өлкөлөрдү басып алуу саясаты алдыңкы максатта эмеспи. Ал эми жаңы телчигип келе жаткан мажүрөө мамлекеттер үчүн согуштун эпкини гана жетиштүү. Өнүгө албай жатып өздөрүнөн душман издеген алар, тек гана өзүмчүлдүк аракеттери менен каршылык көрсөтүүгө деле жарашпаса керек. Ансыз деле согуштун очогу ошол жерлерде гана тутанып жатпайбы.

Мейли дин өзү менен өзү болсун дейли, андан да маанилүү акыркы мезгилдерде дүйнөлүк экологиялык маселелер күндөн-күнгө артып барат. Күнүмдүк жыргалчылык үчүн бабалардан мурас калган кооз жаратылыш аёсуз талкаланып, таза суу жетишсиздиги эмитен эле таңдайды такылдатып баштады. Буга деле кадыр билбес, кара ниет адам баласы себепкер экендигин эч ким тана албас.

Акча десе акылыбызды жоготуп, суу башына уу чачып, жер бетин чычкандай оюп-тешип, асманды да жөн койбой, абага ар кандай эпидемиялык ооруларды таратып, жан-жаныбарларды илгерки аңчылык замандан да ашып, ач көздүк менен кырып жок кылуудабыз. Жашообузду оңойлотобуз деп жатып, оорлотуп, өзүбүздү өзүбүз чектеп баратабыз. Ким билет кийинки муун элүүгө чыкпай картайып калабы, бардык нерсенин табигый өзгөчөлүгүн өзгөртүп, химиянын жардамы менен тамагыбыздан, кийген кийимибизге чейин зыяндуу кылып алдык.

"Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" демекчи, канчалык кыйкырып, акыйкатты ашыра айтканыбыз менен жакшы жолго ким баштайт деп бири-бирибизди тиктей беребиз, колубуздан эч нерсе келбейт. Жада калса алдыбызда турган таштандыны жол жээгиндеги үкөккө салып коюудан эринебиз. Бул жалкоолук эле эмес, өзүмчүлдүк жана жоопкерчиликсиздиктин жогорку чегине жеткендигибиздин кабары.

Ойлонолу, качанга чейин башкалардан жардам күтөбүз, бирөөлөрдү жамандап, бөлүп жаруудан тажабайбыз же бул каныбызда барбы? Сый деген нерсени унуттук, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген түшүнүк өткөнкү чоң аталарыбыздын жомогунда гана айтылып кала берди. Ичкилик ичип, үй-бүлөсүн бөөдө кууруган ата, жоолугу түшүп, мээрим деген өзгөчөлүктөн айрылган аракеч, албуут эне, батасын аракка алмашкан бейажал кары, көчөдө бекерпоз болуп сенделген балдар, акчага абийирин саткан кара көз кыздар бүгүнкү коомдун түшүнүксүз картинасын түзүп калды. Акыр заман деген ушул болуп жүрбөсүн, анткени коомдо адам баалуулугу четке сүрүлүп барат.

Ошондуктан эсибиз барда этегибизди жабалы, балдарыбыздын келечеги десек азыртан ойлонолу. Ойлонулбаган иш бармагыбызды тиштеп өкүттө калууга жол ачат. Жогоруда азыркы адамзаттын өз колу менен жасап алган азаптуу көйгөйлөрүнө үстүртөн гана токтолдум, мындан башка майда-барат көйгөйлөр чачтан көп. Алардын баарын айтуу саймалап жер шарына көйнөк тигип берүү менен барабар. Бирок анын баарын айтуунун кажети деле жок болсо керек. Анткени жер шарына канчалык аракет кылып кооз көйнөк тигип берсек да, мурдагы калыбына келтире албастыгыбыз талашсыз чындык.

Жайыл Русланов
Кыргыз-Түрк "Манас" университети, журналистика факультети, 2-курс

Партиялар шаар башчысын тандайт

БШКнын чечимине ылайык Кыргызстан боюнча 20 шаар жана 250 айыл өкмөт башчыларын шайлоо жүрүп жатат. Жергиликтүү аткаруу бийлигин шайлоонун алгачкы күнү кандай тыянактарга алып келди?

Кыргызстан демократияга карай дагы бир кадам жасады деп айтууга негиз барбы? Ушул жана башка суроолорго “Азаттык” кезектеги “арай көз чарай” талкуусунда жооп издеди.

Талкууга БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Бектур Асанов жана саясат таануучу Аалыбек Акунов катышты.

“Азаттык”: Жер-жерлердеги кабарчыларыбыздын маалыматтарына караганда, алгачкы күнү - 28-январда өткөн шайлоолордо Талас шаар мэрин шайлоо бүйүр кызытарлык болду окшойт. Ичте – шайлоо, сыртта - шаар кеңештеги азчылыктын тарапкерлеринин митинги. Жыйынтыгында шаардык кеңештеги азчылыктагы “Республика” фракциясынын талапкери шайланды деген кабар келди. Мында карама-каршылыктар жокпу? Маселен, көпчүлүктү түзгөн коалиция оппозицияда калган сыяктуу. Бул мыйзамда кандай чечмеленет?

Рашид Бекбасаров: Эми мунун бардыгы тең эле мыйзам чегинде. Эмне үчүн дегенде ар бир фракция өз талапкерин көрсөтүүгө укугу бар. Мэрди жашыруун добуш менен аймактык комиссия өткөрөт. Кворум болсо жергиликтүү кеңеш аймактык комиссиясынан бюллетендерди алып, добуш беришет. Депутаттарды шайлоо ыкмасынын негизинде эле депутаттардын добуштары саналып, ким көп добуш алса аткаруу органына, мэрби, айыл өкмөтүбү, башчы болуп калат.

Бирок бир айта турган нерсе бар. Шаар кеңештери Жогорку Кеңештегидей эле фракцияларды, коалицияларды түзүү ыкмасы менен иштеп атат. Анткени шайлоо пропорционалдык ыкма менен өткөн. Ал эми азчылыктын талапкери өттү дегенди кандайдыр бир деңгээлде жыйынтыкка келтириш керек. Ал жыйынтык мындай болуп атат: түзүлдү деген коалициянын иш жүзүндө жок экендигин көрсөтүүдө. Себеби жалпы идеяга бириккен көпчүлүктүн коалициясы бар болсо добушу да ошондой аныкталып, көпчүлүктөн көрсөтүлгөн талапкер өтүп келиши керек эле.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Жалал-Абад шаар башчысын шайлоо тескерисинче, экинчи ирет болбой калды. Бул шаардык кеңеште да Таластагыдай эле көпчүлүктү жана азчылыкты түзгөн топтор бири-бирин тааныбай жатышкандыгы себеп болуп жаткан сыяктуу. Бул партиялар ортосунда жүрүп жаткан кадырэсе күрөшпү же жергиликтүү деңгээлде партиялык башкаруу али бышып жете элекпи?

Бектур Асанов: Партиялык тизме менен жергиликтүү шайлоолор биринчи болуп атат. Андайда боло турган иш, бара-бара ордуна келет. Бир жолу эле шайлоо өтпөй калса, бышып жете элек экен деген туура эмес. Менин байкашымча көп эле шаарларда шайлоо жакшы өттү. Жалал-Абад шаарында проблема болуп калды. Бул жерде үч гана партиянын өткөндүгү себеп болуп калды. Эгер төрт же беш партия өткөндө мындай кризис болмок эмес. Мыйзам боюнча үч жолку аракетте шайлоо болбосо, кеңешти таркатып, кайра шайлоо керек болот. Менимче, депутаттар ага барбайт деген ишенич бар. Себеби кайра шайлоо болсо, бул партиялар кайра ушундай добуш топтой аларына кепилдик жок.

Аалыбек Акунов: Эгер шайлоолор чыр-чатагы, талаш-тартышы жок, нанга май сүйкөгөндөй өтүп кетсе кабатырлансак болмок. Биз ошентип эле келгенбиз. Ошонун азабын эмдигиче тартып атпайбызбы. Талаш-тартыш болгону туура. Жалал-Абадда болобу, Таластабы же башка жергиликтүү кеңештерби таркап кетип, кайра шайланса андан бетер жакшы болот. Парламент да ошентсе болмок. Анткенден коркуп эле депутаттар ич ара сүйлөшүп алып, маселени чечип атышпайбы. Дүйнөлүк практикада бул боло берчү көрүнүш. Биз ага жете элекпиз дагы.

Бектур мырза айтып атат, балким, төрт-беш партия өтсө жакшы болот эле деп. Илимий негизден алганда эки эле партия өтсө, андан бетер жакшы болот. Бул дайындоонун эле тандоо түрү. Мурда ким мэр, ким айыл өкмөт башчысы болорун алдын ала билчүбүз. Азыр депутаттарды эл тандап, депутаттар мэрди же башка орган жетекчилерин шайлап атат. Бул - демократиянын пайдубалы.

Ролун түшүндө көргөн элеттик актер

Актердук кесипти атайылап үйрөнбөй туруп эле элдин сүймөнчүгүнө арзып кеткендер сейрек учурайт. Андайлардын бири - Рысбек Жумабаев.

Жумабаев табигый шыгынын арты менен бүгүнкү күнгө чейин жети тасмага тартылып, кино сүйүүчүлөрдүн эле эмес, бир топ режиссерлордун да купулуна толуп келатат.

Элеттик Рысбек Жумабаев тасмага тартылып, элге таанылам деп өңүндө гана эмес, түшүндө да көргөн эмес. Киного байланышкан түштү кийинчирээк “Курманжан датка” киносуна тартылаар алдында көргөн.

Рысбек Жумабаев алгачкы жолу мындан жыйырма жылча илгери “Менин пирим - Алмамбет” деген тасмага тартылган. Ал учурду мындайча эскерди:

- 1992-90-жылдары мен көчөдө эле басып калдым. Анан ошол кезде режиссер Эрнист Абдыжапаров “Менин пирим - Алмамбет” деген кинону тартты. Бул болгону 10 мүнөттүк кино болчу. Ошол биринчи тасмам болду. Мага Алмамбет жакын болгондуктан мен ошонун ролун аткардым. Семетей Каныкейден “апа, айтыңызчы, аяш атам Алмамбет кандай киши эле?" деп сурайт эмеспи. Анда Каныкей "аяш атаң Алмамбет айкөл Манас атаңан да артыгыраак киши эле” деген жери бар.

Жумабаевди экинчи ирет “Кыргыз кереметтери” деген тасмага немис режиссер тарткан экен:

- Ошондо мен “Кыргыз кереметтери” аттуу тасмага тартылдым. Франк Мюллер бул тасманы дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде көрсөтүп жүрдү.

"Теңир-Тоо" тобу
"Теңир-Тоо" тобу
2000-жылы режиссер Марат Сарулу “Бейиштеги бир түн” деген тасмасына чакырып, сүрөтчүнүн ролун берген:

- Уркуган деген сүрөтчү бала болот. Ал тиги дүйнө менен байланышта турат. Бул кинонун эң кызыгы - аны атактуу “Уркуя”, “Кызыл алманы” тарткан Кадыржан Кыдыралиев тартты. Балыкчы темир жолунда, поездин ичинен тартылган. Бул тасма Францияда "Алтын Монгол-Ферд” аттуу сыйлык алган.

Жумабаев 2012-жыл Лиза Стишованын “Чайка” аттуу киносунда Достоевскийдин ролун ойногон.

Адатта Рысбек Жумабаевди режиссерлор өздөрү чакырышат. Ал эми “Курманжан датка” тасмасынын режиссерун болсо өзү издеп барган экен. "Буга түшүм себеп болду" дейт айылдык актер биз менен маегинде:

- 2012-жылдын май айынын аягында Садык Шерниязовду түшүмдө көрдүм. Ал аялдарга жоолук салып жаткан экен. Анан жанына барсам мени баса калышты. Көрсө алар "Курманжан датканы" тартып жатышыптыр. Ошентип мен Чортон баатырдын ролун алып аткарып келдим.

Бирок Чортон баатырды аткаруу оңойго турган жок:

- Мен Алымбек датканын башын алдым, анан менин башымды алышты. Садык Шерниязов да жөн киши эмес экен, тарыхый маалыматтарга караганда Алымбек датка эт жеп жаткан кезинде Чортон баатыр ошол жерден анын башын кесип салат. Бирок бул тартылып жаткан киносунда Алымбек датка намазга жыгылып жаткан учурда башы чабылат.

Рысбек үчүн Чортон баатырдан да 2007-жылы тартылган “Бешик” тасмасынын кейипкери Каламатты аткаруу оор болгон экен.

- Бул роль мен үчүн эң оор болду. Ал жерден мени профессионал актер эмес дешти. Анан тасма жарым-жартылай тартылып калганда мени өпкүлөштү. Базар-Коргон районунда тартылдык. Аны кыштын күнү тартып, оор эле болду.

Рысбек Жумабаев Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында эл катары тиричилик кылып келатат. Атайын актердук билимде окубаганы менен, тартылган тасмалары аркылуу аны кино ышкыбоздордун далайы тааныйт:

- Ошол фильмдерди көргөндөр көчөдөн баратсам "сизди кинодон көрдүк" десе уялып кетем.

Актердук өнөрдөн тышкары ал сүрөт тартканга шыктуу. Акыркы кездери манасчылыкка ооп бараткан экен. “Манасты” деле жаттабай эле, илхому келгенде айтып жиберерин биз аны менен баарлашып отурганда байкадык.

Рысбек Жумабаев бир эркек, төрт кыздын атасы. Ал киного тартылат элем деп эки жакка кеткенде тиричиликтин, чарбачылыктын жүгү аялынын мойнунда калат.

Курманжан датка көркөм тасмада

Курманжан датка көркөм тасмада
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:56 0:00

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:45 0:00

Бул берүүдө социалдык бизнес жана андан ийгиликке жетишип жаткандар тууралуу сөз кылабыз.


Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:48 0:00


Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:46 0:00

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:46 0:00

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:48 0:00

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт

Бизнес мүмкүнчүлүктү чектебейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:45 0:00

Москвада дагы бир мигрантты бычактап кетишти

Москвадагы Казан вокзалы.

Москвада киши колдуу мерт болгон теги кыргызстандык жарандын сөөгү табылды.

Бул окуя 25-январда болгон. Маркумдун эки кулагы кесилип, денесине бир нече жолу бычак сайылганы айгине болду. Ошону менен жыл башынан бери Москвада 3 кыргызстандык мигрантка кол салынган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында кол салууга кабылып, ажал тапкан киши Орусиянын жарандыгын алган, 27 жаштагы теги кыргызстандык Эрнист Кайназаров болуп чыкты. Ал Москва шаарынын түштүк-чыгыш тарабында нан бышырчу ишканада жүк ташыгыч болуп иштеп келгенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева айтып берди:

- 25-январда далысына жана көкүрөгүнүн бир нече жерине бычак сайылган, эки кулагы кесилген адамдын сөөгү табылган. Жанындагы документтери боюнча тактаганда, Тверь облусунда катталганы белгилүү болду. Акыркы 6 айдан бери Москвада каттоосуз жашап жаткан экен. "Коломский" жабык акционердик коомунда келишимдин негизинде иштеп жүргөн.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Азырынча эмне себептен, ким өлтүргөнү белгисиз. Бул окуя тууралуу жазган орус басылмалары өткөн жылы ноябрда да бир кулагы кесилген өзбек жаранынын сөөгү табылганын, 2011-жылы нигериялык, 2008-жылы азербайжандык жарандар да так эле ушундай жол менен өлтүрүлгөнүн эске салышты.

Айымкан Кулукеева кыргызстандык жарандарга кол салуу жыл башынан бери Москвада үчүнчү жолу болуп жатканын кошумчалады:

- 19-январда Москвада дагы бир жаранды Зеленедольск көчөсүндө бычактап кетишкен. Аны туугандары жашап жаткан үйдүн алдынан табышкан.

Ал эми үчүнчү жаран өткөн аптада бычакталып, азыр ооруканада жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева ал жаран эс-учун жоготуп койгонун айтты:

- Кыргызстандык бала жол тазалап атканда бирөө машинесин ошол жерге токтоткон окшойт. "Ары тур, бери тур" деп уруша кетишкен. Ага да төрт жерине бычак сайышкан. Бала азыр комада жатат. Бычактагандардын машинасынын номерин көрүп калган экен, азыр ким бычактаганы белгилүү. Бала ооруканага жеткенче айтып берген.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн жалпы кырдаал тынч экенин, мурдагыдай улутчулдар өтө күч албай калганын билдиришти.

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандыктарга укуктук жактан жардам берген “Ариет” коомдук уюмунун төрайымы Сара Жапарова болсо тескерисинче кыргызстандыктар аралашкан кылмыш иштери да көп болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз жарандары күнүмдүк турмуштагы талаш-тартыштан, мастыктын айынан кылмышка барган учурлар бар:

- Мен иш алып барган Санкт-Петербургда тескерисинче кыргыздар аралашкан кылмыштар көп болуп жатат. Жыл башынан бери бир өзбек баланы союп койгон кыргызстандык, кыздарды зордуктаганы үчүн дагы үч бала түрмөдө отурушат. Ал эми башка улуттагылардын колунан жан бергендер жокко эсе.

Сара Жакыпова ошондой эле былтыр бир кыргыз жаранын өлтүргөн Өзбекстандын тургуну жакында 9 жылга эркинен ажыратылганын кошумчалады.

Сүткорлордун күнү тууду

Кыргызстанда айрым банктар жана чакан насыя берүүчү компаниялар сүткорчулук кылып жатат деген нааразылык күч алды.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: каржы базары боюнча эксперт Бүажар Абдыкадырова, Улуттук банктын тышкы көзөмөл башкармалыгынын адис кызматкери Уланбек Хамраев жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева катышты.

“Азаттык”: “Сүткорлук тууралуу” мыйзам долбоору каржы базарынын өкүлдөрү, анын ичинде Улуттук банк тарабынан да көп колдоого алынган жок. Бүажар айым, буга эмне себеп?

Абдыкадырова: Бул мыйзам долбоору азыркы үч мыйзамга карама-каршы келет. Андан тышкары бул мыйзам ишке кирсе сүткорлук азайбайт, тескерисинче ошону менен шугулданган адамдардын күнү тууйт. Анткени бул мыйзам банктар менен микрокаржылоо уюмдарынын пайызын чектөөнү сунуштап атат, бул алардын ишине терс таасирин гана тийгизет. Ошондуктан андай компаниялардын ордун жалаң мыйзамсыз аракеттенген шылуундар ээлеп, элдин башын айландыра башташат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Улуттук банк чакан насыя берип жаткан ишканалардын, банктардын ишине көзөмөл кыла албайбы?

Хамраев: Негизги мыйзам ченемдерине ылайык, Улуттук банк каржы-насыя мекемелерине көзөмөл жүргүзөт. Мисалы, 2012-жылы микрокаржылоочу уюмдардын 98% күбөлүгү чакырылып алынды. Анткени алар Улуттук банк койгон талаптарды бузуп, "Микрокаржылоо тууралуу" мыйзамдын 2-беренесин аткарган эмес. Негизинен бул алардын жасаган иштери тууралуу отчетуна байланыштуу.

Алтыбаева: Ар бир өлкөдө акча саясатын мамлекет жүргүзөт. Бизде мамлекеттин ордуна Улуттук банк бул саясат менен алектениш керек. Бирок жыйырма жылдын ичинде бул маселе эч кандай көзөмөлгө алынбай, каржы рыногунда тартипсиздик өкүм сүрүп келген.

Мисалы, биз июнь окуясында жабыркаган насыячылар менен иштегенде көрдүм, Ошто 65-67% үстөк менен насыя берген ишканалар бар. Ошол компаниялардын жергиликтүү филиалдарынын жетекчилери хансарайларда жашап, 50-60 миң долларлык автоунааларды тээп жүрүшөт. Бул да Улуттук банк тарабынан эч кандай көзөмөл жоктугун көрсөтүп турат. Ошондуктан менин коллегам, депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук банктын ордуна демилге көтөрүп, ушул мыйзамды демилге кылып, даярдаган. Тилекке каршы, азыр Улуттук банк жасай турган ишти Жогорку Кеңеш жасап жүрөт.

"Манас" таануу борборун түзүү демилгеси

Маданият ишмерлери “Кыргыз туусу” гезити аркылуу “Манас” борборун түзүү маселесин койду.

“Алиби” гезити Карыбай Турусбеков аттуу автордун “Сиз кимсиз Президент мырза?” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Анда канча жылдар бою “Кыргызстан –жакыр өлкө" деп кулакка кумдай куюп келишкенин, бирок бул чындыкка жатпастыгын, кыргыздын жери да, эли да алтын экендигин, болгону бизге ыймандуу бийлик жетпей тургандыгын белгилөө менен Алмазбек Атамбаевдин президент болгондон берки ишмердигин ачуу сынга алган. Автор президентке бир катар суроолорду койду. Автор макаласын аяктап баратып, президенттин антын кайрадан анын эсине салды.

Ушул эле санда Адилет Айтикеевдин депутат Ахматбек Келдибековдун: “2010-жылы эл эмне үчүн прокуратураны өрттөп салганын эми түшүнүп жатам” деген сөзүн тема кылган макаласы, журналист Назира Салиеванын “Курманбек Бакиевди, Данияр Үсөновду Кыргызстандан ким чыгарган?” деген макаласы бар.

“Фабула” гезити “Үйдүн чатырында жашаган Кыдыралиев” деген теманын алдында гезит кабарчысы Мирлан Алымбаев менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, киноактер жана сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиев менен интервью жарыялады.

Кожожаштын образын жаратуу менен элине таанылган художник бүгүн үйү жок чатырда жашарын, үй сатып алганга акчасы жоктугун, ушул чатырды убагында Сүймөнкул Чокморов белекке берип кеткенин, ошентип “мастерской” деп аталган чатырдын алдында жашап келатканына 19 жылга аяк басканын, чатырда төрөлгөн кызы азыр 16га чыкканын, кыз кишиге өзүнчө бөлмө болбосо ыңгайсыз экендигин, үйүнө конок тосо албасын, Казакстандан кесиптеш достору келгенде үйүн көрсөткөндөн уяларын, эми президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, үй сурайын деп турганын, тарткан сүрөттөрүн Казакстанга алып барып сатып келерин, андан деле кыйраткан акча түшпөстүгүн, аялы 2 миң сом айлык менен китепканада иштээрин айтып берди.

Баратбай Аракеевдин бир макаласы “Кримавторитеттердин королу тиги дүйнөдө” деген ат менен тартууланды. Макалада жакында эле атылып өлтүрүлгөн мыйзамдагы ууру Дед Хасан тууралуу баяндалган.

“Фабуланын” бул санына Аскар Салымбековдун “2013-жылы ары же, бери болобуз” деген интервьюсунун корутунду бөлүгү басылып чыкты. Айтылуу ишкер анысында өкмөт, президент, Ак үй чиновниктери ойлоно турган олуттуу ойлорун ортого салды.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санына “Кумтөрдү” улутташтырбайбыз, ал элге иштеши керек” деген баштеманын алдында макалаларды жарыя кылуу менен: “Кумтөрдүн маселеси көтөрүлүп жаткандыгынын себеби, аны менен түзүлгөн келишим мамлекеттин эмес, белгилүү бир топтун кызыкчылыгын көздөп калгандыгын, коюлган маселелер мыйзамдуу жолго түшмөйүнчө көтөрүлө берерин, өкмөт “Центерра голд инктин” жетекчлиги менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экендигин кечээ Дүйнөлүк Банк жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукканда билдиргенин кабарлады.

Ушул эле санга “Манас таануу борборун куруу керек” деген аталыш менен Эл баатырлары Эралиев, Жусуев, Жакиев баштаган маданият ишмерлеринин, окумуштуулардын колу коюлган кат президент Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Жээнбековго, өкмөт башчысы Сатыбалдиевге багышталды. Катта 2013-жылы долбоорун түзүп, 2015-жылы Бишкекте “Манас ааламы – Манас таануу борбору” аттуу 10-12 кабаттан турган атайын борбордун имаратын куруп бүткөрүү талабы коюлган. Аталган борбордо: “Манас” эпопеясынын музейи, “Манас” академия - билим берүүчү окуу жай, илимий изилдөө институту, курстар, гений жана залкар манасчыларга эстеликтер, манасчылардын өнөрканасы, 1000 орундук концерттик зал, спорттук аянттар, имараттар, мейманкана болуусу зарыл деп жазылган.

Буга улай эле “Бардыгы мамлекеттик тилди билүү керек” деген ат менен академик Бүбүйна Орузбаева башында турган окумуштуулардын президентке кайрылган каты да жарык көрдү. Аты эле айтып тургандай, 23 жылдан бери мамлекеттик тил орус шовинисттеринин текеберчилигинин аркасында түртүндү болуп келаткан абалын баяндап, бардык деңгээлдеги аткаминерлер мамлекеттик тилди билиши зарылдыгы баса белгиленген.

Премьер "миллионер-милиционерди" билет...

ИИМ өз ичиндеги тартип бузууларды, кылмыштуулукту аныктап, алдын алуу үчүн атайын инспекция түздү.

Жакында ИИМдин коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев милиция чоңдору сойку бизнесин, сауналарды калкалайт, күмөндүү кирешелерге хан сарайларды салып, ресторан-кафелерди ачышат деп кескин сындаган эле. Мындан улам ИИМ өз ичиндеги мыйзам бузууларды аныктоо үчүн атайын инспекция түздү.

"Комбайн" деген ким?

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев милициянын жылдык жыйынында айрыкча күмөндүү киреше таап, бир катар ресторан-кафе ачкандар бар экенин айтып, Оштогу “комбайн” деген каймана аттуу бир полковникти мисалга тарткан:

- Бандиттериңердин кличкасын, кликухасын, кайда жашаганынан өйдө билесиңер. Анда эмнеге кармабайсыңар? Кандайдыр бир кызыкчылыктар пайда болдубу? Коомчулукта катардагы эле полковниктердин 2 миң метр квадратты ээлеген хан сарайлары бар деп айтылып жатат. Кайсы кирешесине салып жатат? Ошто “комбайн” деген кличкалуу полковнигиңер бар. Мен билгенден транспорт милициясында иштейт. Анын Ошто ресторан, кафе-чайханалар түйүнү бар экен. Ал каражатты кайдан алган? Кана силердин ички коопсуздук кызматыңар? Бир порция лагман, же төрт манты жесеңер да бир курсак акыры тоёт. Токтотуш керек. Тартипке салыш керек.

Божомолдор боюнча, сөз ИИМдин транспорт башкармалыгынын Ош бөлүмүндө иштеген полковник тууралуу болуп жатат.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Рустиван Токтоналиев бул полковниктин аты-жөнү аныкталып жатканын айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартты:

- Биздин ИИМдин ички коопсуздук кызматы ал боюнча иштеп жатат болушу керек. Биз өзүбүз да теришитирип жатабыз. Бирок андай полковникти аныктай элекпиз. Эгерде премьердин өзү ошол полковниктин аты-жөнүн айтса, анда биз айтып беребиз. Эгерде сиздер жөн эле “бизге бул, же тигил айтты” десеңер анда комментарий бербейбиз. Бизге премьер жазуу түрүндө аты-жөнү ушундай деп берсин.

ИИМге ишеним качан артат?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин сын пикирине жооп иретинде ички иштер министри Шамил Атаханов сауна, сойку бизнесин калкалаган айрым кызматкерлер кармалып, кылмыш иш козголгонун маалымдады:

- Мисалы кээ бир кызматкерлер бирөөлөргө маңзат сала коюп кармап, андан кийин ири суммадагы акча өндүрүп алып турган. Ошондуктан эң башкы максаттын бири – ушундай көрүнүштөрдү тыюу. Мунун баары Ички коопсуздук кызматынын ишиндеги алешемдик. Алар мунун алдын алган эмес. Эгер 2012-жылы уюшма кылмыш топтун 65 мүчөсү кармалса, тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы 118 кылмыш иш козголгон. Ошондуктан жарандар “куралчан, кылмышка аралашкан милиция кызматкерлери коомго көбүрөөк коркунучтуубу, же уюшма кылмыш топторбу?”, - деп сураганга акылуу.

Кыргызстанда ИИМ коррупцияга малынган органдардын алдыңкы сабында турганы белгиленип жүрөт.

“Биздин укук” коомдук уюмунун жетекчиси Калича Умуралиеванын баамында, паракорчулукту күч менен азайтуу мүмкүн эмес:

- Милиция бул биздин коомдун бир бөлүгү гана. Ошондуктан аларды биздин коомдогу жалпы коррупциялык схемалардан бөлүп кароо туура эмес. Көп эле өлкөлөрдө тартип коргоо органын коррупциядан тазалап турган ички коопсуздук кызматы бар. Бирок бул аздык кылат. Биздин милициянын мындай кызматынин иши мени канааттандырбайт. Анткени ал өзү коррупцияга малынган кызмат. Ошондуктан жарандык коом такай мониторинг жүргүзүп туруш керек. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары да кошулушу зарыл. Күч колдонуу менен корруцияны азайтуу мүмкүн эмес.

2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт күч органдарын реформалоону максат кылган. Мурунку премьер Өмүрбек Бабанов тартип коргоо органдарын тазалоону МАИ кызматкерлеринен баштайм деп сөз берип, бирок аягына чыкпай калган. Ал эми жаштар тобу милицияны кайра түзүүнүн өз программасын сунуштап келатат.

Кыязы, милиция системасын реформалоо бир гана каалоо-тилектен кыйла кыйын жана узак мөөнөттү түйшүк окшобойбу.

Өзгөчө адамга башкача кеңсе

Бекназаровго кылмыш иши козголдубу?

Азимбек Бекназаров оппозиция уюштурган Элдик курултайда, Бишкек, 2010-жылдын 17-марты.

Ыңкылаптардын “бульдезору” аталган Азимбек Бекназаровго байланыштуу кылмыш иши козголгону айтыла баштады. Башкы прокуратура иликтөө иштери гана жүрүп жатканын тастыктаса, Бекназаров жардамчылары суракка чакырыла баштаганын билдирди.

Азимбек Бекназаровдун 28-январда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кылмыш иши 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин түштүк регионду турукташтыруу үчүн бөлүнгөн 10 млн. сомго байланыштуу козголгондой. 10 млн. сом Бекназаровго берилип, ал тарабынан тийиштүү адамдарга таратылган.

Бекназаров өзү суракка чакырыла электигин, бирок жардамчылары чакырылганын билдирди:

- Мени чакырыша элек. Бирок балдардын баарын чакырыптыр. Менин ошол кездеги жардамчыларымды, акчаны алып кеткен балдарды чакырышыптыр. Ошолордун баары мага айтышты.

Бекназаровдун айтымында, 10 млн. сом ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын буйругу менен бөлүнгөн. Мына ошол каражаттын эсебинен 13-апрелде Жалал-Абадда, 14-апрелде Ошто курултай өткөрүлүп, жаңы губернаторлор шайланган. Жалал-Абадга Бектур Асанов, Ошко Сооронбай Жээнбеков шайланган. Жасалган иштер жана коротулган акчалар боюнча Убактылуу өкмөткө маалымат берилген.

28-январда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп бергенин Азимбек Бекназаровдун жакындарынын бири Исраиль Шериказиев билдирди. Анын айтымында, суроолор 2010-жылы түштүк облустарды турукташтыруу үчүн бөлүнгөн 10 млн. сом боюнча болду:

- Эми ошол турукташтыруу үчүн бөлүнгөн акчанын суммасын сурашты. Барганбы, барган эмеспи, каяка жумшалды, ошолорду сурашты.

Ал 29-январга Башкы прокуратурага Бекназаровдун дагы бир пикирлеши Сартбай Жайчыбеков да чакырылганын тастыктады.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев болсо маселе иликтенип жатканын айтат:

- Жооптуу кызматкерлерден сурасам, материал изилденип жатат деди. Ал эми бизге расмий маалымат түшө элек. Эгерде бизге расмий түшсө эле дароо таратмакбыз.

Белгилүү болгондой, өткөн жумаларда “Элдик кайрат” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да маалымат жыйынын өткөрүп, апрель ыңкылабы учурунда өкмөт үйүнөн 16 млн. сом алынып, ал Азимбек Бекназаровго берилген деп билдирген. Башкы прокуратура мына ушул билдирүүнүн негизинде да иликтөө жүрүп жатканын кабарлоодо.

Ал эми Азимбек Бекназаров 16 млн. сом ошол кезде эле документалдуу түрдө Улуттук банкка тапшырылган дейт.

Азимбек Бекназаров жана Темир Сариев апрель ыңкылабы учурунда банк уячаларын талап-тоноого катышкан деген сөздөр да уу-дуу болуп айтылып келген. Башкы прокуратура бул маселени иликтеген. Бирок кылмыш болгон деп кабарлап чыккан эмес. Бекназаров бул айыптоолорго жооп берип жатып “эгерде күнөөм болсо, мени камашсын” дегени маалым.

Өткөн жылы “Эл үнү” аттуу оппозициялык кыймыл түптөгөн Азимбек Бекназаров апрель ыңкылабы учурундагы тилектеши Алмазбек Атамбаевди акыркы мезгилде кескин сынга ала баштады.

Жарма-патриоттордон жапа чеккендер

Кыргызстандагы индиялык студенттер Бишкектин четиндеги лыжа базасында. 26-январь, 2013.
Дем алыш күнү тоо лыжа базасына барып, мына ушул сүрөттөгү жигиттер менен кокустан таанышып калдым. Кыргызстанда билим алып жаткан индустар экен. Алар лыжа тепкенди үйрөнгөнү келишкенин, Кыргызстандын абасы, тоосу жагаарын айтып бүткөнчө эле чыштай кийинип, көз айнек тагынган, жашы 40тар чамалуу кыргыз байке келип, заматта чаң-тополоң салып кирсе болобу! “Ушулар көптү тайраңдап, буларды каерде жүргөнүн эсине салып коюш керек!”, - деп кыргызчалап опузага өттү да, индустарды орусчалап сөгүп кирди.

“Эсиңерге түйүп алгыла, силер Кыргызстанда жүрөсүңөр, тамеки чексеңер атайын урнага таштагыла, Кыргызстанды башыңарга кийип алдыңар”, - деп ар бирине ызырынып сөөмөй кезеп, уруп жиберчүдөй атырылды. “Байке, булар сизге эмне жазык кылды, чөнтөгүндөгү тыйынын кыргыз тоосуна таштап кетип жатышпайбы?”, - деп арачы түшкөн мени кошуп ашатты. Бир аз алагүү окшойт деп ойлодук баарыбыз, бирок ал индустардын бирөөсүнө кайрылып, “Лаа илааха илла Аллах” деп айтуусун талап кылды эле, тиги индустун тили келбей койду. “Буддистсиңер силер!”, - деп туруп индус жигитти жаакка эки чапты. Аябай ызаланып, эми бозала болуп, үйлөрүнө кайтат го деп ойлоп турсам, антишпеди, көрсө бул окуя мага өтө таңкалычтуу жана осол көрүнгөнү менен, индустар эбак көнүп бүткөн окшойт...

Анча-мынча сыртка чыга калган кишиге бул окуя катуу таасир этти. Дүйнөнүн чар тарабында - Америка, Орусия, Кытай, ошол эле Индия, Кореяда миллионго жакын кыргыз иштеп, окуп, тиричилик кылып жүрүшөт. Аларды да эмне үчүн кыргызсың, көптүң же мусулмансың деп басынтып, ургулап кирсе кандай болот? Макул, Орусияда улутчулдардын жана милициянын азабын кыргыз мигранттары тартып эле жүрөт, бирок ошого өчөшүп Кыргызстандагы башка улуттарды кодулап киргенибиз туурабы?
Жаман оюнда индустарды ордуна коюп, тарбиялап салдым деген киши кеткенден кийин, алар менен бир топко сүйлөшүп калдым.

Мындай окуяларга алар эбак көнүп бүтүптүр, көчөдө угуза сөккөндөр, айрыкча милициянын акча сураган жоруктарын айтып беришти. “Жаныбызда акча жок болсо, милиция чөнтөктөгү тамекибизди алып калган күндөр болгон”, - деди бири. Биздин милициянын бул сыяктуу жоругун башка өлкөлөрдөгү кесиптештери укса, чалкасынан кетсе керек. Айрымдарыбыз көрбөй туруп сөккөн “жапайы” Батышта, мисалы, адашып калсаң же кандайдыр бир жардам керек болсо, ишенген кожосу - полиция эмеспи. “Мас болуп калсаң да полиция үйүңө чейин жеткирип коёт” деди эле бир ирет Токиодо окуган таанышым. Биздин милиция болсо... эми тамекисин шыпырып алып калганын айтканда бет чымырайт, чынбы?

Ушул окуядан кийин пакистандык жигитке турмушка чыккан кошунам Нүргүл эжени эстеп, ал күйөөсү менен Бишкекте кантип жашап жатты болду экен деп телефон чалдым. Анын жолдошу деле жыргабаптыр. “Бул кара жигитти кайдан таап алгансың деп базардагылардан бери сын тагышат”, - дейт Нүргүл. Эгер эле күйөөсү Саймон машина айдап калса, анда МАИчилер сөз жок токтотуп, болор-болбос шылтоо менен акча өндүрүшөт экен. Ал тургай 3 күн мурда машинасынын терезесин талкалап, Саймондун документтери менен кошо буюмдарын уурдап кетишиптир...

Чет өлкөлүк болгону үчүн аларды тоноп, уурдап, акча сурап же жаакка чаба берсе болобу? Кыргыз меймандос, берешен калкпыз деп өзүбүздү төшкө ургулайбыз. Бирок соңку убакта ашынган улутчулдар менен динчилердин, жарма патриоттордун улам чектен чыгып баратканы тууралуу баш катырган жоксузбу?

Улуттарды Мекен бириктирет

Нарындыктар бажы терминалы көчүрүлүшүнө каршы

Нарындагы митинг, 26-январь, 2013

"Кербен" бажы терминалы Балыкчыга көчүрүлөт деген кеп-сөздөрдөн улам нарындыктар митингге чыкты.

Ишемби күнү Нарын шаарынын борбордук аянтына чогулгандардын айрымдары “Нарын бажысы өзүнчө бөлүнсүн", “Кербен” терминалы Нарында калсын!” “Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов жана Чыгыш бажы жетекчиси Бакыт Акелеев кетсин!” деген баракчаларды көтөрүп турушту.

«Кербен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Муса Жусаев митингдин негизги талаптары катары буларды атады:

- Бүгүнкү митингдин катышуучулары мына 500дөн ашты. Нарында суук, жумуш жок, кыш алты ай болот. 140 адам ушул “Кербенде” иштеп, үй-бүлөсүн багат. Мына эми Балыкчыга көчүрүп кеткени жатат. Биздин токочту тартып кетип жатышат. Чукулда ГЭСтер курулат, жүктү бизден катташ керек. Бажы чек арада болуш керек да.

Чогулгандарга облус жетекчиси Канатбек Муратбеков, шаар мэри Баатырбек Жээналиев жана кыргыз өкмөтүнүн бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов чыгышты.

Шаар мэри Баатырбек Жээналиев “Кербен” терминалы Нарында калышына кызыкдар экенин билдирди:

- Менин оюмча, бажы терминалы Нарында болуш керек. “Кербен” деген ишкана түзүлүп, бизде бардык шарт бар болчу.

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов бажы терминалы жабылбасын айтып, Балыкчы шаарында транзиттик борбор курулуп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылды:

- “Кербенди” жабабыз деген маселе боло элек жана такыр болбойт. Анан брокерлер биз менен иштебейт, ушуну түшүнгүлө. “Кербен” жоюлду деген бир да кагаз жок. Биринчиден ал ачыла элек, 2010 жылдан баштап ал болгону убактылуу көзөмөл кылуучу бажы терминалы. Өкмөттүн токтому боюнча биз канча жолу кат жолдодук. Ал үч жылдан бери эч кандай лицензиясы жок иштеп жатат.

Митингде өзүн Жумабек деп тааныштырган ишкер “Кербен” терминалын жана ишкерлерди Бажы кызматы иштетпей жатканын айтты:

- Сиз теледен чыгып сүйлөбөдүңүзбү, “Кербен” терминалын иштетпейбиз деп. Балыкчыдагы менчик терминалыңызга алып кетем дедиңиз. Акелеев Кербенди да ишкерлерди дагы иштетпей жатат чынбы? Ошондон улам маселе көтөрүп жатабыз.

Андан ары митингчилер бажы жетекчисинин жообуна канааттанбай, кайым айтышуу күч алып кеткен соң облус башчысы Канатбек Муратбеков менен терминал жетекчилери облустук акимчиликтин ичине кирип кетишти.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин “баары өз ордунда калат” деген билдирүү болду, бирок митингге чыккандар “ишенбейбиз” деп бир топко тарабай турушту.

“Кербен” терминалы 2010-жылы түзүлгөн. Ал жерде Кытайдан товар алып чыккан жеке ишкерлер, жүк таашыган унааларды коштогондор жана таразада иштеген 140тай адам бар. Ишкана облустун өнүктүрүү коруна жылына эки миллион сомдон ашык каражат төгүп турат.

"Пушкинге теңтайлашкан талант"

Орус сынчылары Владимир Высоцкийге Пушкин менен теңтайлашкан талант деп баа берген.

Орус барды Владимир Высоцкий тирүү болсо быйыл 75 жашка чыкмак. Ал кыска өмүрүндө 700гө жакын ыр жаратып, 600үн өзү обонго салган экен. Бул ырлар анын бактысы да, шору да болгон. Авторитардык бийликке тийишип ырдаганы үчүн сый-ургалга жетпей дүйнөдөн өткөн. Анткен менен Высоцкийге болгон эл сүйүүсү азыркыга чейин өчө элек. Анын талантына таазим эткендер арасында кыргызстандыктар да бар. Алар 32 жыл мурда көз жумган ырчыны кантип эскеришти?

Высоцскийди унутпагандар

Эвакуация. МХАТ. Таганка. Бул Высоцкийдин ырлары. Бороондой буюккан кыска өмүрдүн баяны. Шамшардай курч, ошол эле маалда жупуну саптар. Дал ушул өзгөчөлүгү менен Высоцкийдин ырлары миллиондор жүрөгүнөн түнөк тапкандыр?

Таланттуу артист, бард ырчы Владимир Высоцкийдин чыгармачылык чыйыры 60-жылдары башталган. Бир эле убакта театрда иштеп, ыр жаратууга да билек түрө киришкен. Башкалардан айырмаланып, жабык өлкөнү даңктаган ырларды жазган да, аткарган да эмес. Бул тоң моюндугу үчүн ал советтик маданият аны акын катары да, ырчы катары да таануудан баш тартып, Таганканын актеру катары гана жазышкан.

Анткен менен бард ырчынын кырылдак үнү жазылган пленкалар колдон колго өткөн. Бул Высоцкийдин кадыр-баркын арттырып, чыныгы элдик акынга айланткан. Жашыруун концерттеринен киши үзүлгөн эмес.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рафаил Сарлыков бардык акындын таланты гүлдөп турган кезде мектепте окучу экен. Высоцский ошол күндөн тарта анын кумири болгонун минтип эскерет:

- Бул инсандын чыгармачылыгы менен 60-жылдардын ортосунда таанышкам. Эң биринчи киносу чыккан болчу “Вертикаль” деген. Ошондон кийин элге алынып кетти. Анын ыры жазылган пленкаларды бири-бирибизге берип укчубуз. Азыркыдай таза үн кайда, кырылдак-шырылдак. Ага деле карабайбыз, жата калып тыңшап...

Рафаил Зарлыков сөз арасында Высоцкийдин “Доско” аттуу ырын аткарып берди.

Бард ырчылар. Булардын башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде? Рафаил Сарлыков муну мындайча түшүндүрдү:

- Бард ырчылардын музыкасы анчалык деле жогорку деңгээлде эмес. Өтө жөнөкөй. Атайлап эле жөнөкөй жазылат десек болот. Бирок тексттин мазмуну аябай бийик. Ошонусу менен элге жаккан да. Ал учурда Галич, Окуджава деген бард акындар да чыккан. Булар бири-бирин колдоп турушкан. Айталы, Галичтин “Рота” деген ырын Высоцкий да аткарчу. Бул тыюу салынган ыр эле да. Согуш маалы сүрөттөлгөн. Биздин жоокерлер урушка киргенде артынан өзүбүздүн эле башка офицерлер кайтарып жүргөн экен да, качып кетпесин деп. Артка бурулду дегиче атып салышкан. Бир жолу досум экөөбүз “Ротаны” жаттап, анын апасына ырдап бердик. Ал киши мугалим эле “экинчи укпайын” деп тыюу салган. Эгер башка бирөөлөрдүн кулагы чалса, оңбой калмакпыз.

Колдон-колго өткөн үн тасмалар

Высоцкийдин таланты 70-жылдары өр алган. Жогорку Кеңешке “Республика” партиясынан келген депутат, мурдагы балбан Малик Осмонов бул мезгилде анын ырлары спорт залдарда да жаңырып турганын айтты:

- Тагдырынан адашкан адамдар көп укчу да муну. Мен мектепти 1975-жылы бүттүм. Ошол кезде Высоцкийдин ырлары аябай мода эле. Спорт залдарда машыгып жатып коюп койчубуз. Беш-алты пленкасы бар эле. Улам алмаштырып коюп, эки саат машыксак, эки саат тынбай укчубуз.

Высоцкийдин дагы бир күйөрманы, ырчы Сагынбек Момбеков. Ал бард ырчынын өлгөнүн Москвада №0536 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн кезде уккан экен. Бул учурда Советтер союзунда бүткүл дүйнөлүк Олимпиада өтүп жаткан.

Ырчы ал учурду минтип эскерди:

- Олимипада өтүп жаткан маалда каза болду. Эл көрүстөндү көздөй агылып жатты. Бизди сыртка чыгарчу эмес. Короонун ичинен шыкаалап карап турдук. Офицерлер эми орустар да, кайгырып жатканы байкалап турду. Бирок билгизбей иштеп жүрүштү. Кечинде бул кабарды айтабы деп телевизорду койсок, маалымат болгон жок. Аябай күттүк эле да. Гезитке гана кыскача некролог беришти.

Азыр Сагынбек Момбековго "кыргыздын Высоцкийи" деп баа бергендер бар. Бирок ал Высоцкий кумири болгонун, бирок аны туурабасын ушул жерден белгилей кетти:

- Ушуга такыр макул эмесмин да. Ал өз жолу менен ырдаган, мен өз жолум менен ырдаган кыргызмын. Биз эми советтик доордо өскөнүбүз үчүн Высоцкийди кумир тутуп калдык да. Мисалы ал ырдап жатып эле төгүп, какшыкты зырылдата берчү. Мен анте албайм. Атайын даярданып, ыр бышкан соң гана ырдайм.

Владимир Высоцкий 1980-жылы 25-июлда көз жумган. Диссидент акынды акыркы сапарга узатуу үчүн он миңдеген адамдар келген. Кийин орус гезитери мындай көрүнүш Москвада Сталиндин өлүмүнөн бери болгон эмес деп жазып чыгышкан.

Анклавдар: Жолдор жабык бойдон

Чек арадагы Чарбак айылынын тургундары, Баткен

Баткендеги Өзбекстандын Сох, Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавдарына жол качан ачылаары дале белгисиз.

Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында темир жолдогу чек аранын эки тарабында топтолгон жүк тарткан вагондор кыймылдай баштады. Кыргызстан менен Өзбекстан азырынча ушул токтоп турган жүктү ар кимиси өз тарабына өткөрүп алууну гана макулдашты. Темир жол бекеттеринин биротоло ачылар-ачылбасы да белгисиз.

Элдин эки талабы

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов узаган аптада Баткендин чек аралаш айылдарын кыдырып, элдин талабын угуп кайтты. Токон Мамытов Баткендин Өзбекстан менен чектешкен Чарбак, Согмент, Кайтпас, Жаш-Тилек айылдарынын жашоочулары менен жолугушканын айтып, алардын башкы талаптарына токтолду:

Токон Мамытов
Токон Мамытов
- Эл биринчи кезекте чек араны аныктап-тактоо иштерин аяктап, анан чек арабызды тоссо деп айтып жатышат. Экинчиден, коопсуздук маселеси. Чек аралаш айылдардын тургундары биздин, балдарыбыздын, айылыбыздын коопсуздугун сактап бергиле дешти.

Мамытов азырынча өзбек тарап менен анклавдарга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча гана макулдашуу ишке ашканын кошумчалады.

25-январь күнү Өзбекстан Кыргызстандын Баткен облусу аркылуу дээрлик үч жумадан бери изоляцияда калган Сох анклавына 31 чоң унаа менен азык-түлүк жана кара май алып барган. Өзбекстан ушул эле күнү өзүнүн Шаймерден айылына Баткен аркылуу 17 унаа гумжардамын да өткөрүп алды.

Ал эми Кыргызстан Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан 2 КамАз, 1 кичи автобус жана 4 жеңил машина гумжардамын Өзбекстандын Бирлешкен айылы аркылуу Барак эксклавына жеткирип, атайын дарыгерлер тобу барактыктардын ден соолугун текшерип, отуздай тургунду Кара-Суу райондук ооруканасына алып келип карашууда.

Буга чейин Өзбекстан темир жолдогу төрт: Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Жалал-Абад жана Шамалды-Сай өткөрмө бекеттерин жаап, Кыргызстандын жети жүздөй вагону чек аранын эки тарабында калган. Бул боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп, вагондор аз-аздан өткөрүлө баштады дейт Мамытов:

- Кара-Сууда эле 280 вагон турат, кечээ 22 вагон өткөрүлдү деди. Азыр да бирин-серин өтүп жатат. Көзөмөл өткөрмө бекеттери боюнча да сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз.

Токон Мамытов чек арадагы жүктөр ташылып бүткөн соң темир жол бекеттери кайрадан жабылышы мүмкүндүгүн, темир жолду толугу менен ачуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылаарын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох анклавындагы окуялардан кийин көпчүлүк чек ара бекеттери жабылган. 17-январда Өзбекстан 4 темир жол бекетин да жапкан болчу.

Эл эмнеге нааразы?

Анткен менен чек аралаш кыргыз айылдарынын тургундары бийликтерге дале нааразы болуп жатышат. Даттануубуздан такыр майнап чыкпай, эми айыл аксакалдарынан өкүлдөрдү атайын Бишкекке жөнөтүүгө камынып жатабыз дейт Баткендин чек арадагы Жаш-Тилек айылынын тургуну Касиет айым:

- Беш аксакалды Бишкекке жөнөтөбүз деп жатышат. Талаптарыбызды чечип беришсе жакшы болмок, кышта жумуш жок, көчөгө чыгып жолдорду тосуп, Өзбекстандын машиналарын өткөрбөй өзүбүз карап атабыз. Эртең эле жаз келсе талаа иштери башталат, анда биз эмне кылабыз? Өткөндө эле айылдан өкүлдөр Бишкекке барышса, баары чечилет деп жиберишкен экен. Аткарылган жок. Эми дагы 5 кишини Бишкекке жөнөтөбүз.

Ошентип 5-6-январда кыргыз-өзбек чек арасында болгон чатактан кийин чек араларды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. Кыргызстан жаңжалдагы чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылып, Өзбекстандын Сох анклавына жолду жапса, 17-январдан тарта Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай” өткөрмө бекеттерине чектөө киргизип, Кызыл-Кыя өткөрмө бекетин 18-январдан бери толук жаап салган. Кийинчерээк эки өлкөнү туташтырган темир жол өткөрмөлөрү да өзбек тараптан толугу менен жабылган.

Чек аралардын жабылуусунан Өзбекстандын 60 миң калкы бар Сох районунун жана 300 чамалуу кожолук жашаган Кыргызстандын Барак айылынын тургундары жабыр тартууда.

Апта: Кумтөр чечими, депутаттар соту

Камактагы депутаттардын тарапкерлеринин акциясынан бир көрүнүш. Бишкек, 25-январь, 2013.

Өкмөт Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди бузууну жактады. Кайсы күчтөр үчүнчү ыңкылапты көтөрө баштады?

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча 2009-жылы “Центерра голд инк” менен түзүлгөн келишимден чыгууну чечти. Мындай чечим 24-январда болгон өкмөттүн жыйынында Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Өкмөттүн чечимин үч фракциядан турган башкаруучу коалиция да 25-январда карап, аны толугу менен колдоду.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, кыргыз өкмөтү келишимди бузуу боюнча “Центерра голд” менен сүйлөшүүгө барууга аракет жасайт. Эгерде андан натыйжа чыкпаса, бир жактуу түрдө келишим бузулат.

Кыргызстан келишимден чыкса, “Центерра голд” эл аралык сотко кайрылышы күтүлөт. Ал сотто Кыргызстан утулуп калышы да мүмкүн дейт Шыкмаматов:

- Албетте биз эл аралык соттордон утулуп калышыбыз толук ыктымал. Биз ошол тобокелчиликтерден корксок, анда ушул келишимдер 2042-жылга чейин иштей берсин дешибиз керек. Анда 953 тонна алтындын 260 тоннасы казылса, дагы 700 тоннасы эмне болот? Биз ага бара албайбыз. Аны баарыңыздар түшүнүп турасыздар. Экинчи маселе - эл тарабынан шайланган парламент жоопкерчиликти алып, келишимди денонсациялап салыш керек.

Башкаруучу коалициянын жыйынында эл аралык сотторго чейин Кыргызстан атынан "Камеко" жана “Центерра голд” менен келишимдерди түзгөн кыргыз чиновниктерин жоопко тартып, келишимдин коррупциялык жана көз бойомочулук мүнөздө экенин далилдөө керектиги айтылды.

Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев Кыргызстан үчүн эң зыяндуу келишим 2003-жылкы келишим экенин белгилеп, аны түзүүгө катышкан чиновниктердин ысмын атап өттү:

- Өкмөттөн Эмирлан Төрөмырзаев, Алымбаев, Макаров, Кириченко дегендер кирген. Жогорку Кеңештен Акылбек Жапаров менен Жеңиш Эшенкулов кирген. Премьер-министрдин кеңешчиси Богдецкий, аппарат башчысынан Мелис Сатыбеков, аппараттан Белковский, Жолдошев, “Кыргызалтындан” Камчыбек Кудайбергенов кирген. Мына ушул делегация бир айдын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "2003-жылкы келишим туура, буга кол коюш керек" деп жыйынтык чыгарып беришкен.

Белгилүү болгондой, 2003-жылкы келишим боюнча Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" 67% үлүшү кыскартылып, 33% болуп калган. 33% акциянын 17% дароо эле 82 млн. долларга сатылып кеткен.

2007-жылы "Кумтөр" боюнча кайрадан сүйлөшүү башталып, аны ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн.

"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" боюнча 1993-жылы, 2003-жылы жана 2009-жылы келишимдерди түзүүгө катышы барлардын баарын жазалоону сунуштады. 2009-жылдагы келишимге караганда Кыргызстандын үлүшү аз болгон келишим 2007-жылы даярдалган.

Кумтөр боюнча өкмөт кабыл алып жаткан чечим “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын корутундусунан аз эле айырмаланат. Эгерде Жапаров кенди улутташтыруу талабын койсо, Сариев жетектеген комиссия келишимден чыгып, жаңы келишим түзүүнү сунуштап жатат.

Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов өкмөттүн чечими Кумтөргө тезинен атайын башкаруучу дайындоо менен коштолуш керек деп эскертти. Куловдун айтымында, ансыз кенде иш токтоп калат же башка нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Кумтөрдү дароо көзөмөлгө алуу үчүн атайын башкаруучу киргизүү зарыл. Куловдун бул сунушун Темир Сариев колдоп, өкмөт жана парламент тийиштүү чечимдерди кабыл алыш керек деди.

Башкаруучу коалиция толугу менен Темир Сариев жетектеген комиссиянын корутундусун жана сунушун колдоду. Эми маселе парламенттин жыйынында каралыш керек. Ал эми “Центерра голд инктин” өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен дурустап сүйлөшүүгө келбей жатат. Мекеменин сайтында да кыргыз өкмөтү кабыл алып жаткан чечимдерге жооп бериле элек.

Жолду жаптырган жаңжал

Сох жаңжалы кыргыз-өзбек мамилесинде бири-бирине каршы чараларды көрүү жарышына же жол согушуна алып келди. Адегенде кыргыз тарап Өзбекстандын Риштан районунан Сох анклавына баруучу жолду коопсуздукка байланыштуу жапса, экинчи тарап Сох анклавынын жанында жайгашкан Кыргызстандын Бөжөй айылына бара турган жолду жапты. Ага удаа эле Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстандын Барак эксклавына жол жабылды.

Өзбек тараптын чечимдери андан кийин улам катаалданып отуруп, соңунда темир жолдорду жабууга алып келди. Ага чейин Ташкен "Достук" өткөрмө бекети баш болгон бир катар бекеттерди бир жактуу түрдө жапкан эле.

25-январда Кыргызстан Сох жана Шаймерден анклавдарына гуманитардык жүк үчүн жолду ачып берди. Өзбек тарап Баракка жол ачты. Бирок темир жолдор, өткөрмө бекеттер жабык турат.

Кыргызстан Нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев Өзбекстан аркылуу миңге жакын вагон өтпөй жатат дейт:

- Бүгүнкү күнү күйүүчү май жүктөлгөн 136 вагон Өзбекстандан чыкпай жатат. Кошуна мамлекеттин аймагынан өтө албай жаткан вагондордун саны миңге жакындап калды. Ошондуктан премьер-министр, президент Алмазбек Атамбаев тез арада киришпесе, биздин экономика үчүн абдан орчундуу маселе болуп жатат. Анткени жазгы талаа жумуштары башталганы турат.

Акенеевдин айтымында, өтпөй жаткан жүктүн арасында курулуш товарлары, жер семирткичтер, азык-түлүк бар.

Кыргызстан өкмөт башчысы же президенти Ташкен менен байланышка чыгып, маселени чечүүгө киришкени байкалган жок. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев темир жол маселесин министрлер деңгээлинде чечүүнү транспорт жана коммуникация министри Калыбек Султановго дайындаганы маалым.

Ошентип буга чейин эле мамилеси жылуу-жумшак болбогон эки кошуна мамлекет бири-бирине эшигин жаап, жолун тосуп отурган чагы. Кыш мезгилине окшоп тоңуп турган эки мамлекеттин мамилесин жумшартуу үчүн ким тарабынан жана качан кадам ташталары белгисиз. Болгону кыргыз тарап Ташкен менен тил табышуу үчүн активдүү аракеттерди көрүп жатканы, анын натыйжасы март айларында анык болоору айтылууда.

Абактан митингге умтулган депутат

Узап бараткан аптада Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовдун ишин кароону улантты. 3-октябрдагы митингден кийин камакка алынган депутаттар өздөрүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдиришти. Садыр Жапаров абактан чыгып калса, башкы максаты Кумтөр боюнча митинг уюштуруу экенин айтса, Камчыбек Ташиев 3-октябрда бийликти басып алуу болбогонун айтты:

- Эч кандай кылмыш болгон эмес. Колубузда курал же таш жок болчу. Бир да адамдын бетин чийген жокпуз, жаман айткан жокпуз. Саясий жактан алып караганда мен туура иш жасадым жана мындан ары да ушундай кадамга даярмын. Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган эмеспиз. Мен ар дайым айтып келем - биз бийликке күч колдонуп же зордук менен келбейбиз. Мен ал кадамды мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоонун негизинде жасадым. Ал эми мамлекеттик бийликти басып алууга эч кандай аракет жасаган эмеспиз.

Ташиевдин айтымында, ал саясий куугунтуктун айынын абакта отурат.

Президент Алмазбек Атамбаев бул маселе мыйзамдын алкагында гана чечилиш керектигин буга чейин билдирген.

Бирок депутаттардын камалышы юридикалык эмес, саясий маселеге айланып баратат. Анткени оппозициялык саясатчылар аны туу катары көтөрүп, элдик акцияларды уюштурууда. Андай акциялардын биринчиси Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда өттү. Апрель ыңкылабы кезинде Алмазбек Атамбаевдин тилектеши болгон, азыркы кезде Камчыбек Ташиевдин адвокаты болгон Азимбек Бекназаров “биздин талап - камалган депутаттарды үй камагына чыгаруу. Бирок бийлик аны аткарбай жатат. Мурунку бийликтердин катасын кайталап, үчүнчү ыңкылапка алып баратат” деп билдирүүдө. Бекназаров ошондой эле Алмазбек Атамбаев Конституцияда каралбаган ыйгарым укуктарды өзүнө алып алды деп да айыптоодо.

Башкаруучу коалициянын мүчөсү Өмүрбек Текебаев азыркы кезде үчүнчү ыңкылап үчүн моралдык себеп жок деп эсептейт. Бирок Текебаев айрым маселелерде президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы келген жүрүштөрдү жасоого өтө баштады. Маселен, ал Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча келишимди Кумтөр менен түзүлгөн келишимди кайталоо деп атады:

- Кумтөрдүн кейпин кийди деген ушул, карызды алар алып келишет, анын жарымын биз төлөйбүз. Калган жарымы ГЭСтин эсебинен төлөнөт. Орус тарап да ГЭСтин эсебинен төлөйт. Орустар өздөрү инвестор эмес. Ошондуктан мен муну туура эмес дейм. Мен Кумтөргө, "Центеррага" каршы добуш бергем. Эл алдында туура кылгам дейм. Мен ошол окуя кайра кайталанышын каалабайм.

Текебаев ГЭСтердин акциялары орус тарапка кайсы бир мөөнөткө гана берилиш керек деп эсептейт.

Кыргызстандагы энергетиктер бирикмесинин жетекчиси Жамалбек Түлөбердиев депутаттардын тынчсыздануусун негиздүү деп эсептеп, Орусия менен түзүлгөн келишимдин шартын Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмес деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан ГЭСти куруу үчүн орус тараптан насыя алып, анан аны төлөсө, анда эмне үчүн акциялар алардын колунда калыш керек?

ГЭСтер боюнча келишимдерди бийлик башындагылар эң ири жеңиш катары баалап келатат. Ал эми Кумтөр боюнча келишимди өзгөртүү мүмкүн эместигин президент Алмазбек Атамбаев билдирген жайы бар. Бирок өлкөдө түзүлүп келаткан саясий кырдаал же Темир Сариевдин саясий өз алдынчалыгы Кумтөр боюнча радикалдуу кадамдарга түртүүдө.

Саясий кырдаал демекчи, ал жаз алдында Кыргызстанда адатта кызыйт. Мына ошого кошумча шыкак бербеш үчүн бийлик “Центерра голд” менен түзүлгөн келишимден чыга турууну эп көргөндөй. Мүмкүн Темир Сариев оппозиция катарында жүргөн мезгилди эстеп, Кумтөр боюнча ва-банкка барууну чечти. Бийлик башындагылар болсо, саясий кырдаалга жараша ага каршы болгон жок.

Кандай болгон күндө да Кумтөр боюнча келишимди бузууну өкмөттүн колдоп чыгуусу узакка созула турган талаш-тартышка биринчи кадам. Ага экинчи кадам жаңы жумада парламент тарабынан коюлушу күтүлөт. Анткени Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын корутундусун Жогорку Кеңеш кароосу күтүлөт.

Мына ошентип кыргыз тарап Кумтөр боюнча келишимден чыгууга баратат. Эгерде “Центерранын” акционерлери жаңжалды ырбатпайлы десе, сүйлөшүүгө келишет, болбосо эки тарап эл аралык сотто беттешет.

Эчен жоонун мизин майтарган Тайлак баатыр

Тайлак баатыр жердеген Нарын тоолору.

Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонунун бир чоң пайдасы - улуттук тарыхыбызда аты жакшы аталбай, аталса да ооз учунда гана айтылып, илимий жаткан жетиштүү баасын албай келген улуу инсандарыбызды кайрадан жандандырдык, тарыхыбыздан тиешелүү орун таап бердик.

Деле кийинки чейрек кылым доорду тарых илиминин Ренессанс доору, Кайра жаралуу доору деп атасак туура эле болчудай. Курманжан датка энебизден тартып Шабдан баатыр, Ормон хан, Пулат хан, 1937-38-жылкы репрессиянын Касым Тыныстанов баштаган курмандыктары, Жусуп Абдрахманов менен Баялы Исакеев, Исхак Раззаков, дагы ушул сыяктуу ондогон ысымдарды толугу менен реабилитация кылдык, окуу китептерине аттары биротоло кирди.

Бирок аттары аталды, окуу китептерине ысымдары кирди деп эле тиешелүү үгүт-насыят иштерин токтотуп коюу да туура эмес. Колдон келсе ар бир жолу ошол тарыхый инсандардын жасаган иштери же кылган эрдиктери тууралуу элге-журтка, айрыкча жаңы муундарга төкпөй-чачпай кеп кылып берип турушубуз максатка ылайык, анткени "көзү өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" деген акылман кеп бар эмеспи.

XIX кылымдын башы чендеги кыргыз элинен чыккан эң эле атактуу баатырлардын бири катары Ак-Талаа менен Тогуз-Торо элинен чыккан Тайлак баатырды атоого болот.

Тайлак баатыр тууралуу аздыр-көптүр так маалыматтарды убагында көрүнүктүү акын жана агартуучу Тоголок Молдо, ошондой эле Абдыкалык Чоробаев жыйнап кеткен экен. Кийинчирээк тарыхчы жана этнограф, кыргыз элинин чыныгы тарыхын жазуу үчүн көп эмгек кылган профессор Сабыр Аттокуров атайын эмгек жазып, Тайлак баатырдын аты-жөнүн кеңири коомчулукка жеткириш үчүн чоң иш жасады.

Азыркы тапта баатырдын ысмы кыргыз элинин тарыхы боюнча жазылган эмгектердин, окуу китептердин дээрлик баарында аталат. Нарын шаарында белгилүү коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбековдун түздөн-түз көмөгү менен Тайлактын атчан эстелиги орнотулду, 2002-жылы жай айында Соң-Көл жайлоосунда Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана Аскар Акаев катышкан чоң мааракеси өткөрүлдү.

Эми Тайлак баатыр деген ким болгон, анын кандай тарыхый эрдиктери бар деген маселеге келели. Эгер сөздүн ток этээрин айтсак, Тайлак өз элин эки тараптан каптап келген жоолордон сактаган же сактоого бардык күч-аракетин жумшаган баатыр болгон. Бир жагынан Кашкар тараптан жылган ажыдаардай жакындап, кыргыз элин Цин империясынын бийлигине баш ийдирели деген кытай аскерлерине каршылык көрсөтсө, экинчи тарабынан ээн-эркин жашап көнүп калган кыргыз элине алыгы менен салыгын таңуулаган Кокон хандыгы менен кырчылдашып кармашкан.

Тарыхчылар С.Аттокуров менен Д.Сапаралиевдин маалыматтарына таянсак, Тайлактын атын алыска кетирип, анык баатыр наамга кондурган окуя - азыркы Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы кытай аскерлери менен болгон салгылашы эсептелет. Бул салгылаш XIX кылымдын башындагы кытай баскынчылары менен кыргыз жоокерлеринин бирден-бир жана чечүүчү салгылашы болгон десек туура болот.

Бул кармашта өзү келип катылган 7 миңге жакын кытай аскерлери катуу кыргынга туш болуп, Тайлак баатыр жана анын бир тууган иниси Атантай баштаган кыргыздар кытайлардын мизин кайтарган дешет тарыхчылар.

Тайлак минди буурулду,
Таманы ташка туурулду,
Кылыч кындан суурулду,
Кылкылдаган көп кытай,
Заманасы куурулду.
Ак талга туусун аштады,
Аскерин тайлак баштады,
Кожоберди, Байбагыш
Кошунду булар баштады, --деген элдик ыр ошондо жаралган.

Бирок кийинчирээк кытайлар эмес, Кокондун сарбаздары кыргыздарга катуу кысымын көрсөтүп, стратегиялык мааниси өтө чоң болуп эсептелген Куртка чеби үчүн бир эмес, бир нече жолу кандуу салгылаш болгон. Ошол салгылаштардын эң орчундуусу 1832-жылкы Куртка салгылашы деген ат менен белгилүү.

Бул салгылашта да Тайлак баатырдын жоокерлери чоң жеңишке жетишип, алтымышка жакын Кокондун сарбаздарын туткунга түшүрүп, элди ыгы жок алык менен салыктан бошотууга жардамы тийген. Тайлактын ошондогу эрдиги, азыркыча айтканда жеке үлгүсү башка кыргыздарга да катуу таасир этип, ошондон кийин кокондуктарга куралдуу каршылык көрсөтүү Ысык-Көлдүн жээгинде да, Кыргызстандын түштүгүндө да, Чүй боорунда да орун алып, тышкы душмандарга каршы туруу - жигиттик милдет, атуулдук ар-намыс катары саналып калган.

Албетте эл ичиндеги ынтымактын начардыгы, улут катары биримдиктин жоктугу кыргыз тайпаларынын өз ара тыгыз карым-катнаш кылышына негизги тоскоол болгон. Кыргызды тышкы душмандардан сактаган аскасы асман тиреген тоолор болгон деп айтабыз, бирок ошол эле бийик ашуулар менен терең капчыгайлар эл ичиндеги тыгыз байланыштарга негизги тоскоол болуп саналган. Ошол жана ошол сыяктуу себептер бир же бир нече жолку аскерий жеңишти саясий, тагыраак айтканда геосаясий инструментке айландырууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошентип кыргыздар узак убакыттар бою бирде жеңип, бирде жеңилип, бирок эч качан баш бириктире албай жашай берген.

Тайлак баатырдын каза болушу тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Казак окумуштуусу Чокан Валихановдун маалыматына караганда, Тайлакты кокондуктар бир жолку бетме-бет кагылышууда колго түшүргөн экен. Экинчи бир маалыматтарга таянсак, ошол эле Кокондун тыңчылары баатырды жок кылуу үчүн бардык айла-амалды жасап, акыры Тайлак баатыр уудан каза тапкан дешет.

Албетте баатырлар да эл башына иш түшүп, тарыхый процесс коргоочуларга, сактоочуларга муктаж болуп турган заманда туулат. XVIII кылымдын этеги жана XIX кылымдын башы кыргыз элинин тарыхындагы ошондой оор замандардын бири болгон. Бир жагынан Цин империясы, экинчи жагынан Кокон хандыгы өз территориясын кеңейтүүгө бүт күчүн жумшап, эл тагдыры кылыч мизинде ойноп, заман алакайыр болуп турган учурда Тайлак баатыр тарыхый аренага келди. Ошол кыйын кезеңде Тайлак баатыр ким экенин көрсөттү, эл үчүн канын төгүп, журт үчүн өмүрүн кыйды.

Бирок "эрди эне тууйт, атын эли-журту сактайт жана даңктайт" деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары, Тайлак баатыр жашап өткөн замандан бери эки кылымга жакын убакыт өтсө да, анын аты эч качан эл оозунан түшкөн жок. Ал эми азыркы учурда, Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, аны коргоо жана сактоо ар бир атуулдун ыйык милдети болуп турган чакта Тайлак баатыр мекенчилдиктин жаркын мисалы, атуулдуктун кашкайган үлгүсү катары ар дайым жашай бермекчи.

Тирүүлөй жетим калгандар

Ысык-Көлдүн Тоң райондук соту 5 баланын ата-энесин ата-энелик укуктан ажыратты. Буга алардын балдарын карабай койгону, эки баласын кулдукка берип жибергени себеп болгон. Бирөөнүн малын бакканга берип жиберген баласы буту-колун үшүккө алдырган. Азыр балдарды социалдык кызматкерлер убактылуу реабилитациялоочу жайга тапшырышты.

Тоң райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүм башчысы Медина Жумалиеванын айтымында, Туратбек Осмоновду жана Гүлмира Курманалиеваны соттун чечими менен ата-эне укугунан ажыратууга аргасыз болушкан.

Буга ата-эне балдарын экинчи жолу бакпай таштап койгондугу себеп болгон экен. Биринчи жолу 2007-жылы бул үй-бүлөнүн 3 баласы Темирбек, Турдубек жана Өмүрбек атайын келишимдин негизинде Кажы-Сай шаарчасындагы “Хадича” аттуу балдарды реабилитациялоо борборуна өткөрүлгөн.

2009-жылы апасы Гүлмира Курманалиева келип, "балдарыма кам көрөм, мектепте окутам" деп суранганда кайра колуна тапшырышат. "Бирок 2011-жылы бул окуя кара кайталанды", - дейт Тоң райондук үй-бүлө жана баланы колдоо бөлүмүнүн башчысы Медина Жумалиева:

- Бул окуя экинчи жолу кайталанып жатат. Биз 2007-жылы үч баласын алып кетип, “Хадича” реабилитациялык борборуна жайгаштырганбыз. Бирок 2009-жылы апасы багам деп алып кеткен. 2011-жылы бул окуя кайталангандыктан биз кайрадан бул балдарды алып кетүүгө аргасыз болдук. Ал кезде балдардын эч кийим-кечеси жок, кабагы түйүлгөн, басынып жүрүшкөн.

Медина Жумалиева
Медина Жумалиева
Мыйзам боюнча ата-эне балдарын карабай таштап койсо, же аларга зомбулук көрсөткөн окуялар тынымсыз кайталанса, сот аркылуу ата-энелик укуктан ажыратыларын Жумалиева эске салды:

- 2012 жылы май айында балдардын укуктук комиссиясына да кайрылып, анан сотко да өткөрдүк. Себеби ата-энеси толук кандуу өз милдетин аткара алышкан жок. Биз барганда атасы мас, апасы жок, балдарын таштап Бишкекке кетиптир. Мен ошол апасына таң калам. Анткени бул аялда энелик сезим жок экен. Аял болгондон кийин үйдү караш керек да, үйү таза эмес, бала-чакасынын кийим-кечеги жок. Балдардын ата-энеси соттун алдында ооз ачып, унчуккан жок. Сот да таң калды, унчукпай чыгып кетишти.

Ата-энелик укуктан ажыратылган Гүлмира Курманалиева өткөн декабрь айында дагы уулдуу болгонун айтып отурду. Ден соолугу начар болгонуна байланыштуу Таластан туугандары келип, наристени асырап алышканын кошумчалады. Ал эми буга дейре балдарын айлап таштап кеткен себебин мындайча түшүндүрдү.

- Күйөөм ичип алганда кыздарыма кетчүмүн. Балдар атасы менен калчу, улуу балам чоңоюп калган, ал эс тартып калганда өз күнүн көрчү. Атасына таарынып турушчу. Мен оокат кылсам мени менен кошо оокат жасашчу.

Гүлмира Курманалиева
Гүлмира Курманалиева
Гүлмиранын айтымында, анын биринчи жолдошунан эки кызы бар: бири Таласка, экинчиси Жалал-Абадга турмушка чыгып кетиптир. Ал эми 2012-жылы 11 жаштагы баласын мал бактырууга бергенин мындайча түшүндүрдү.

- Аны деле сурап келишкен, жакын эжелер болчу, Үстүңкү Долинкадан болот. Мектепке барыш керек болчу, анан окута албай калганбыз.

Турат Осмоновдун айтымында, өткөн жайдан бери ичимдик ичпей калган экен. Бирөөлөр менен мушташканда башына доо кетип, көзү начар көрүп калган. Уулу Кенжебекти малчыга кошуп бергени тууралуу мындай деди:

- Бизге ун алып келип турчу, ал эми баламды тиги жактан бакчу, кой энчилеп турчу экен. Алып кетейин деле дейм, анан уруксат бербей жатышпайбы. Майыпмын, башыман жараат алгам.

- Балдарыңызды алайын деп жатасызбы?

- Билбейм качан алам, соттон укуктан ажыратып салып, барганга да болбойт дейт. Балдар да сагынып жатышат. Балдар окубайт деп, айылдагы мугалимдер да каршы болуп койду. Окутканга каражат жок болчу, окуй алышкан жок.

- Окута аласызбы?

- Азыр жумушум деле жок, мурда көзүм көргөндө бирөөнүн малын карачумун, ошону менен жан бакчубуз. Азыр экинчи топтогу майыпмын. 1800 сом пенсия алам, балдар менен телефондон сүйлөшүп жатабыз.

Турат Осмонов
Турат Осмонов
“Хадича” реабилитациялык борборуна алынган балдар көп сүйлөшкүлөрү келген жок. Бир туугандардын уулусу Темирбек 17 жашта, азыр 7-класста окуп жатат. Ага Кажы-Сай шаарчасындагы А.Пушкин атындагы мектептин мугалимдери өз алдынча да сабак беришет, анткени Темирбек өз айылында болгону 2-класстык билим алган. Темирбек буларды айтты:

- Үйдө эле жүрчүмүн, ата-энеме жардам берип. Үйдө атама жардам берчүмүн. Азырынча алдыма максат койо элекмин. Апам кээде Таласка кыздарына барып келчү.

Темирбектин айтымында, алардын ата-энеси менен жашоосу жакшы эле болчу.

- Үйүндө эч нерсеси жок деп айтыптыр, бирок андай эмес. Ушинтип ким айтканын билбейм, андай эмес, жакшы эле болчу.

- Атаң иччү беле?

- Анда-санда иччү, бир жума ичип, бир жума соо болчу. Азыр ичпей калыптыр, башы жарылып, майып экен.

Кенжебек
Кенжебек
Ал эми бирөөнүн малын баккан 12 жаштагы Кенжебекти социалдык коргоо кызматкерлери таап барганда бетин, колдорун үшүк алып кеткен экен. Азыр болсо бетиндеги тактар кетип, баланын көнүлү да көтөрүлүп калды дешет борбордун кызматкерлери.

"Азаттык": Кимдин коюун бакчу элең?

- Көкүл деген кишиникинде кой бакчумун, 400дөн ашык кой бар болчу. Ал жерде дагы бир киши бар эле, ошол экөөбүз бакчубуз.

"Азаттык": Үйгө баргың келеби?

- Ооба.

Балдар баш калкалап турган “Хадича” реабилитациялык борбору убактылуу гана башпаанек жай. Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүм башчысы Медина Жумалиеванын айтымында, балдардын кийим-кечесине жана жолуна тыйын бөлүнсө, аларды Ак-Суу районундагы балдар үйүнө жиберишет.

Ош: өзбек ырчылары сахнага кайтууда

Абдумалик Азизов (солдо) жана Илхом Эргашев

Акыркы кезде Оштогу өзбек ырчылардын чыгармачылыгы жандана баштады. Июнь калабаcынан кийин алардын жаңы ырлары өзбек тилиндеги телерадиоканалдардын жоктугуна байланыштуу эл-журтка жетпей жаткан эле.

Аймакта эки тилдүү медиа мекемелердин иштей баштаганы мурдагыдай эмгектенүүгө дем бергенин, ал тургай жакында чоң концерт коюуга даярданып жатканын ырчылар айтышууда.

Оштогу өзбек ырчыларынын көбү обончу Абдурахим Дадажановдун үйүндөгү жеке студиясында ырларын жаздырат. Мен барган кезде ал студияда кезинде популярдуу болуп турган "Аввали" тобунун жигиттери жаңы “Байкуш мажүрүм тал” аттуу ыр жаздырып жаткан экен.

Топтун ырчысы Илхом Эргашев топтун кесипкөй ырчылыкка аралашканына 4 жыл болгонун айтты. Июнь окуяларынан соң алардын чыгармачылыгында убактылуу тыныгуу болгон себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мурда “ОшТВ” жана “МезонТВ” каналдары өзбекче ыр-күүлөрдү эфирден берип жүргөн учурда ошол каналдар менен иштешчүбүз. 2010-жылдагы окуялардан кийин андай мүмкүнчүлүктөр болбой калган. Ошондуктан ортодо тыныгуу пайда болду. Жакында "Ынтымак" телерадиоканалы ачылып, ырларыбызды элге уктурууга кайрадан мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Ор-ор" аттуу ыр:



Топтун дагы бир ырчысы Абдумалик Азизов ырчылыкка кызыгуу күчтүү болгондуктан, каргаша да бул өнөрдөн баш тарттыра албаганын белгиледи:

- Өзүмдү эле мисал кылып айтайын, кызыгуум аябай күчтүү болгондуктан ырчылыкты аркалап жүрөм. Бардыгы аракетке байланыштуу. Аракет кыла берсе, тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңип өтсө болот. Буга чейин Оштогу филармонияда, Өзбек драма театрында концерт берчү элек. Буйруса, алдыда дагы ошондой концерттерди коёбуз.

Абдурахим Дадажонов
Абдурахим Дадажонов
2010-жылдагы калабадан бери өзбек ырчылар майрамдык кечелерге чакырылбай, тойлордо гана ырдап калган эле. Бул жагдай айрымдардын чыгармачылык демин суутуп таштаганын атын атагысы келбеген чыгармачыл кишилер белгилешет.

Жеке ырчы болуп жүргөн Сардор Ахмедовдун айтымында, азыр эмгектенүүгө шык кайрадан жанданууда:

- Ырды жазгандан соң, аны элге таратуу керек. Реклама кылбаса, ырчыны эч ким тааныбайт, талап да болбойт. Биз өзүбүздү негизинен тойлордо гана реклама кылып калган элек. "Ынтымак" радиосунун ачылышы бизге аябай жакшы жаңылык жана мүмкүнчүлүк болду. Ырларыбызды тынбай эле ободон берип жатат. Аны угуп, биз жаңы ырларды жазууга шыктанып жатабыз.

Кыргызстандык өзбек ырчыларынын арасында соңку учурда мекенди сүйүүгө, улут аралык ынтымакка чакырган ырларга басым жасалганы байкалат. Алардын бири - Одина Аббосова менен Зиё Камоловдун аткаруусундагы "Кыргызстан" аттуу чыгарма:



Ошто 20дан ашуун өзбек тектүү ырчы бар. Аларга ыр жаратууда көмөктөшүп келаткан обончу Абдурахим Дадажонов ыр-музыка чек ара да, улут да тандабайт деген ойду эске салды:

- Музыканттардын арасында улут деген түшүнүк болбошу керек. Маданият – улут тандабайт. Ырчы эч качан ызалануу менен жашабашы керек. Мүмкүн болушунча, достукту бекемдөөгө салым кошкону абзел. Оштогу ырчылар бул милдетти жакшы аткарууга аракеттенип жатабыз. Ынтымакты бекемдөө үчүн негизги жумушту биз жасашыбыз зарыл.

Калабадан соң калың элге чыга албай калган ырчылар Өзбекстандын телерадиолору менен иштеше башташкан экен. Бирок каражат тартыштыгы алар менен такай иштешүүгө кедергисин тийгизиптир.

Учурда өзбек тектүү ырчылардын арасында кыргыз тилинде да ыр жаратууга белсенип жаткандар көбөйүп баратканын байкоого болот.



Февралдын ортосунда кыргызстандык өзбек ырчылар топтолуп, Ошто чоң концерт берүүгө белсенүүдө. Бул дээрлик соңку 3 жылда Ошто өтүп жаткан алгачкы өзбекче чоң концерт болуп калмакчы.

Ырчылардан айырмаланып, өзбек актерлорунун иши үзгүлтүккө учуруган жок. Телетеатрлардын иши токтогонун эсепке албаганда, Бабур атындагы өзбек драма театрынын сахнасындагы спектаклдер такай элге тартууланып келет.

Миллиондордун дарегин таппай жатышат

Кыргызстандын атайын кызматы 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдөн табылган он алты миллион сомдун жана каракталып кеткен беш миллион сомдун тагдырын иликтей баштады.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн ичиндеги эсепкананын кассасынан ири суммадагы акча каражаты алынганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу жакында билдирүү жасаган элдик кошуундун өкүлдөрү аталган каражаттын изин иликтеп чыгууну талап кылышты.

“Элдик кайрат” деген аталыштагы коомдук уюмга бириккен ыктыярчылар ал кезде Ак үйдү кайтарып турушкан экен. Аталган коомдук уюмдун мүчөсү Медетбек Мамбетакунов сейфтен табылган 16 миллион сом Убактылуу өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилгени менен, кийин анын дайыны табылбай калганын белгиледи:

- Ал жерге Азимбек Бекназаров, Башкы прокуратуранын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү кошо келишип, ошол сейфти ачып, акчаны эсептеп, өткөрүп берген болчубуз. Анын ичинен 11 миллион сом жана биздин акчага которгондо 5 миллион сомго барабар ар кандай чет элдик валюта чыккан. Жалпы суммасы ошондо 16 миллион сомду түзгөн. Мына ошол акчаны "жеп алды" деп жатышат. Биз аны кайтарып бергенбиз. Ошондуктан ал акчаны өткөрүп алган адамдар жооп берсин. Биз тартип коргоо органдары бул ишти иликтеп чыгышын талап кылабыз.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги мүчөсү Азимбек Бекназаров менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Акчаны өткөрүп алуу ишине көзөмөлдүк кылган ошол кездеги башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев алынган каражат толугу менен Улуттук банкка сактоого жөнөтүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, кийин ал акча Убактылуу өкмөттүн чыгымдарына сарпталган:

- Тергөө тобу кароо жүргүзүп жаткан учурда мен да ошол жерде болчумун. Ошол жердеги сейфтин бирин ача албай койушкан экен. Анан биз күбөлөрдүн катышуусу менен ачып, ошол жигиттер айткан сумманы алып чыгып, аны толугу менен Улуттук банктын сактоосуна өткөргөнбүз. Анан ал каражат ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен тиешелүү чыгымдарга сарпталып турган.

Бирок ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат жетекчиси болуп турган Эмилбек Каптагаев ал акчанын таржымалы менен тааныш эмес экенин билдирди. Каптагаев бул боюнча жакында гана билип, "ал каражат кийин Улуттук банктан мамлекеттик казынанын эсебине которулган экен" деп айтты “Азаттыкка” курган маегинде:

- Бул маалымат чыкканда аны мен өз алдымча тактап көрдүм. Буга чейин ал акчанын таржымалы тууралуу менде маалымат жок болчу. Акчаны ким алды, кандай сарпталды - бул боюнча түшүнүгүм болгон эмес. Анткени бул ишти тартип коргоо органдары тескеп жаткан. Биз тартип коргоо органдары иликтеп жаткандыктан ал акчаны чыгымдай албайт болчубуз. Ал кезде биз бюджетте каралган акчаны гана Каржы министрлиги аркылуу алып турганбыз. Ошондуктан ал туура эмес маалымат. Азыр тактасам ал акча Улуттук банкка сактоого берилип, кийин мамлекеттик казынага өткөрүлүптүр.

Каражатты коопсуздукка дешкен

Бул иш боюнча күбөлөрдүн айтымында, 7-апрелдеги элдик толкундоолор учурунда Ак үйдүн эсепканасындагы эки сейфтин бирөө талкаланып, экинчиси ачылбай койгон. 10-апрель күнү ал жерге барган тергөө тобу талкаланган сейфтин ичинен беш миллион сом каракталганын каттоого алган. Кийинки чоң сейфтен алынып, Улуттук банкка өткөрүлгөн акчадан Ак үйдү кайтарган элдик кошуундун жүздөн ашуун мүчөсүнө эки жарым миң сомдон таратылган. Бул боюнча Убактылуу өкмөттүн төрайымынын буйругу болгон. Каптагаев ал акчанын таржымалын билмек тургай, аны чыгымдоо боюнча документтерге кол койуп тургандыгы белгилүү болду.
Ал жерге Азимбек Бекназаров, Башкы прокуратуранын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү кошо келишип, ошол сейфти ачып, акчаны эсептеп, өткөрүп берген болчубуз.

Ошол кездеги президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Балбак Түлөбаев ал акчага кошумча 10 миллион сомду коопсуздукту бекемдөөгө жумшоо тууралуу буйрук болгонуна токтолду:

- Анан Каптагаев менен Сариевдин визасы менен абалды турукташтыруу боюнча Отунбаеванын буйругу чыккан. 13-апрель беле же 14-апрель беле , айтор коопсуздукту бекемдөө үчүн деген негиз менен коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен Убактылуу өкмөттүн орун басары Бекназаровдун карамагына беш миллион сомдон акча бөлүү тууралуу буйрук алдым. Мен Коргоо министрлигине акчаны алып барып берип, алардан тил кат алгам.

Коопсуздукту бекемдөөгө жумшалды делген он миллион сом боюнча Убактылуу өкмөттүн аталган мүчөлөрү учурунда отчет берип-бербегени белгисиз. Бул боюнча иликтөө ишинин жыйынтыгына кийин дагы кайрылмакчыбыз.

Ошол кездеги каржы министри Темир Сариев АУБ банкынан алынган 21 миллион доллардын кайсы бир бөлүгү коопсуздукту бекемдөө үчүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө таратылганын айтып чыккан эле.

Кумтөр: коалиция корутундуну колдоду

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырды. Анда өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. Эгер канадалык компания бул сунушка көнбөсө, келишимди бузуу керектиги да айтылат.

Мамкомиссиянын корутундусунда өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүүнү баштоо сунушу жолдогон. Анда учурдагы келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келип, Кумтөрдөгү казылган алтындан түшкөн каражат адилетсиз бөлүштүрүлүп калганы белгиленет.

Ал эми жаңы келишимге ылайык, “Центерра голд” компаниясы экологияга келтирген зыяны үчүн Кыргызстанга төлөп жаткан компенсациянын өлчөмүн көбөйтүү, салык жана башка төлөмдөр Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү керектиги көрсөтүлгөн.

Андан сырткары рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар да камтылган. Ошондой эле “Центерранын” вице-президенти, ал эми 2015-жылдан соң президенти да Кыргызстандын жараны болушу керектиги айтылат.

Комиссиянын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, канадалык компания сүйлөшүүлөргө барбаса, өкмөткө чечкиндүү чара кабыл алуу сунушталган:

- Биз өкмөткө “Центерра голд” үч айдын ичинде жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек дедик. Мындай шарттарга экинчи пунктту сунуштап жатабыз. Анда өкмөт бир жактуу келишимдерди жокко чыгаруу ишин башташ керек.

Эгер өкмөт келишимди бир тараптуу бузса, “Центерра голд” эл аралык сотко кайрылышы мүмкүн. Темир Сариевдин айтымында, эл аралык деңгээлде соттошуу болуп калса, мурдагы келишимдердин коррупциялашканын далилдей турган мүмкүнчүлүк бар:

- Эксперттер эгер юристтер жакшылап иштесе, бизде өз кызыкчылыктарыбызды коргоп калганга мүмкүнчүлүк бар деп айтып жатышат. Кумтөрдө болгон бардык мыйзам бузууларды мыйзамдаштырып берген биздин аткаминерлер болгон. Ошондуктан бул келишимдерге кол коюп, шарт түзүп берген мамлекеттик кызматчылардын баарын Башкы прокуратура жоопкерчиликке тартышы зарыл. Антпесе эл аралык соттон биздин аргументтерибиз аз болуп калат. Эгер келишимдин коррупцияланышына жол бергендерди өзүбүз далилдеп, эл аралык соттон "мына, биз буларды жоопко тарттык, эми “Центерра голддун” башкаруучуларын жоопко тарткыла" дегенге жол ачылат.

Бул тизмеде экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болгон бир катар жогорку чиновниктер бар.

Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
Буга чейин өкмөт “Центерра голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча топ түзүү жана коррупциялык келишимдерге кол койгондорду жоопкерчиликке тартуу тууралуу токтом кабыл алган.

Эми комиссиянын токтому парламенттин жалпы жыйынына чыгарылганы жатат. Коалициялык көпчүлүктүн төрагасы Феликс Кулов “Центерра голддун” жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү сунуштады:

- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тездетүү керек. Болбосо эл түшүнбөй калат. Аны менен бирге эле Кумтөрдүн финансылык, чарбалык жана экологиялык тараптарын көзөмөлдөө үчүн өкмөт жаңы кызматты түзүшү зарыл. Ошондой эле өз укуктарыбыздан пайдаланып, эл аралык арбитраждык сотко доо менен биз биринчи болуп кайрылышыбыз керек.

Ошол эле учурда айрым эксперттер кыргыз өкмөтү радикалдуу кадамга барса, арты тобокелдүү болоорун болжолдоп жатышат. Мисалы, эксперт Шерадил Бактыгулов Кыргызстандын эл аралык сотто утулуп калуу коркунучу чоң деп эсептейт:

- Бул жерде тобокелчилик абдан чоң. Биринчиден, келишимди бир тараптуу бузуу үчүн орундуу, далилденген негиз аз болуп жатат. Мамлекеттик комиссия далилдерди топтодук дегени менен “Центерра голддун” жетекчилиги өз ишин кынтыксыз кылып, документтерди топтоп койгон. Мындан улам эл аралык сот канадалык компаниянын пайдасына чечип берип коюшу мүмкүн. Андай болсо Кыргызстан үчүн кесепети кыйын болот.

Эми мамлекеттик комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү парламент жыйынында каралып, Кумтөрдүн алдыдагы тагдыры аныкталат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG