Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 01:03

Кыргызстан

Арактан азап тарткандар

Спирт ичимдиктери Кыргызстандын дүкөндөрүндө да эң жакшы өткөн товарлардын катарында турат.

Дүйнөлүк Банктын акыркы баяндамасына ылайык, Орусия менен Украина дүйнө жүзүндө аракты эң көп ичкен өлкө болуп табылды. Ал эми Борбор Азияда болсо Казакстан биринчи орунда турат. Кыргызстан тизмеде андан кийин келгени менен калкынын саны алда канча көп Өзбекстанды арак ичүү боюнча алдыга чыгарган эмес.

Кыргызстанда жылына 101,8 миллион литр алкоголдук ичимдик ичилет, анын 47 пайызы сыра, 40 пайызы арак, 6 пайызы шарап. Республикалык наркология борборуна жылына 2 миңдей киши аракка ууланып түшөт.

Аракка ууккандар көбөйүүдө

Бишкектеги кыска көчөлөрдүн биринде жайгашкан чакан күркөнүн ээсинин айтымында, нандан кийин эле эң көп сатылган товар – спирттик ичимдиктер:

- Менин дүкөнүмдө эӊ жакшы өткөн товарлардын бири - спирттик ичимдиктер. Алардын ичинен сыра, ар кандай коктейлдер, арак аябай өтөт. Эми көбүнчө отуз жаштан улуу адамдар алып кетишет. Арасында аракка катуу берилип кеткендер да бар. Алар таӊ атпай саат бештерде издеп келишет. Кээ бирөөлөр жөн эле майрамдарда ичишет. Менин оюмча, бүт эле дүкөндөрдө спирт ичимдиктери жакшы өтсө керек.

Кыргызстанда аракка берилип кеткендердин абалы өтө начар, алардын көбү боордун цирроз оорусу, мээнин шишип кетүүсү, ашказандын каноосу сыяктуу илдеттерден жабыр тартышат. Эң эле өкүнүчтүүсү - аракечтик жаштар арасында көбөйүүдө.

Наркологиялык борбордо дарылангандар бир эле жолу эмес, бир нече ирээт кайра-кайра жатып чыгышат. Жылына 2 миңге чукул киши дарыланса, алардын 90 пайызы эркектер, 10 пайызы аялдар. Көбүнүн туруктуу иштеген жери жок.

Бирок аракка ууланып жардам сурагандардын так саны мындан бир кыйла көп. Маселен, баш калаанын тез жардам кызматына 2012-жылы 11 320 киши спирттик ичимдиктерге ууланып кайрылган. Алардын арасында мектеп жашындагы балдар да бар дейт тез жардам врачы Рустам Карабеков:

- Ооба, мектеп жашындагы балдар да бар. Алар көбүнчө желим жыттап ууланып калышат да бизге кайрылат. Анан балдарды наркология борборуна алып барабыз. Ал эми жаштар энергетикалык ичимдиктерди ичишип, жүрөгу ылдам согуп, кан басымы көтөрүлүп кайрылат. Ичимдикке берилгендер бейтапканага барбагандыктан, ар кыл кошумча оорулары да толтура. Сарык, ашказан, өпкө, жүрөк, кант диабети сыяктуу илдеттер менен оорушса деле ичкенди токтотушпайт.

Башталат баары... сырадан

Кыргызстанда 14 жаштан улуу атуулдардын саны болжол менен 3 миллион болсо ошонун 85 пайызы ичимдик ичет жана 25 пайызы алкоголизм илдетине чалдыккан. Айрыкча жаш кыздардын сыра ичүүсү акыркы мезгилде өрчүгөн көндүм болуп калды дейт “Демнур” медициналык борборунун директору, нарколог Шайлообек Өмүралиев:

- Акыркы мезгилде аябай көбөйүп жатат. Маселен, Орусияда азыр сыра алкоголизми деген балээ пайда болду. Бардыгы мына ушул сырадан башталат да. “Желмогуздун чоӊунан кичинеси жаман” дегендей, айрыкча жайкысын биздин кыздарыбыз пиво ичип, анан тамеки чегип отурушат го, ошолордун баарынан кийин толук кандуу аракечтер чыгышы мүмкүн. Анын үстүнө кыргыздын канында алкоголго туруштук берүүчү фермент жок. Менин иш тажрыйбамда бир кыз бар. Ал 14 жашынан тарта сыра ичип, 19 жашында аракеч болуп калган. Наркологиялык борборго бир нече ирээт жаткызсак да майнап чыккан эмес.

Аракечтикти дарылоонун ар кандай ыкмалары бар. Айрыкча акыркы мезгилде 100 пайызга сакайтабыз, “кодирование” сыяктуу жарнамалар өтө эле көбөйүп кетти. Бирок адис Өмүралиев бул адаттан толугу менен айыгуу мүмкүн эмес экенин айтты. Ал көзү ачык, бүбү-бакшылар калп айтып, элди көз боёмочулук менен алдаганын айтып, катуу берилген аракечти толугу менен илдеттен сакайтуу мүмкүн эмес дейт.

Ал ичимдиктин туткуну болбош үчүн спорт менен машыгып, бош убакытты туура пайдалануу керектигине басым жасады:

- Биринчи кезекте сергек жашашыбыз керек. Арак ичүүгө биздин элдин муктаждыгы жок. Анткени жогоруда айтылгандай, кыргыздын канында аракка туруштук берчү ген начар иштейт. Жаштарыбыз спорт менен машыгып, интеллектуалдык иш-чараларды аткарып, бош убакытты туура пайдалануу зарыл. Ичимдиксиз гана биздин өлкө гүлдөп өнүгөт.

Тойлордо “Куру аякка бата жүрбөйт” дешип, айрыкча куда тоскондор меймандарды тура албай калгыча ичирген маданият бизде ондогон жылдардан бери жашап келет. Тост же каалоону да стакансыз айта албайбыз дегендер көп.

Ичимдик жеке эле кыргызда эмес, дүйнөнү түйшөлткөн көйгөлөрдүн башында турат. Негизгиси аны ден соолукка зыян алып келбегендей өлчөмдө жана туура жерде ичүү керектигин адамдар аңдаса гана саламаттык бекем болчудай.

Жарандык коом "тыңчылык" долбооруна тынчсызданууда

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган бул долбоору парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын үч депутаты сунуштаган.

Кыргызстанда жарандык коом Кылмыш-жаза кодексиндеги “мамлекеттик чыккынчылык” жана “тыңчылык” беренелерин өзгөртүп-толуктоо тууралуу депутаттардын демилгесин сынга алууда.

25-ноябрда Бишкекте айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, аталган мыйзам долбоорунда бул беренелер так жазылбагандыктан аны ар кандай калчаса болоорун айтып чыгышты жана бул беренелер боюнча кылмыш жообуна тартуу көбөйөт, демократиялык укукка доо кетет деген кооптонуу билдиришти. Демилге көтөргөн депутаттар болсо мындай дооматты четке кагууда.

Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүп-толуктоо тууралуу мыйзам долбоорго ылайык,
“мамлекеттик чыккынчылык” жана “тыңчылык” терминин колдонуу кеңейип жатат. Жарандык иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартованын пикиринде, мунун айынан бейөкмөт жана эл аралык уюмдун өкүлдөрүн эле эмес, мамлекеттик кызматкерлерди, депутаттардын өздөрүн деле жазага тартууга жол ачылмакчы:

- Биз эксперттик баа бере албай калабыз. Мамлекеттик кызматкерлер маалымат бергенден чочуп калат. Анткени өзүңөр билгендей, Кыргызстанда бийлик алмашса эле көз караш да алмашат. Анан кийин “сен иштеп жүргөндө ушундай маалымат бериптирсиң, биз бүгүн ошол бейөкмөт, же эл аралык уюм Кыргызстанга каршы иштегенин аныктадык, силер мамлекетке зыян келтиргенсиңер" деген доомат менен жоопко тартканга жол ачылып жатат. Кийинки “тыңчылык” тууралуу беренени да ушинтип кеңейтип жатышат.

Ушундай мүнөздөгү мыйзам долбоорду жазында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет көтөрүп чыккан эле, бирок анда парламенттен өткөн эмес.

"Салык төлөөчүлөр парламентаризм үчүн" кошуунунун өкүлү Эрик Ирыскулбеков бийлик буга өзү кызыкдар болгон үчүн айрым депутаттар кайра көтөрүп жатат деген ойдо:

- Бийлик өзүнө каршы топторго таасир этип, тескеп тургусу келет. Бул мыйзам долбоор бийликке ушундай мүмкүнчүлүк берет.

"Бизнес бирлиги" улуттук альянсынын өкүлү Гүлнара Өскөнбаева мыйзам кабыл алынса, экономикага терс таасирин тийгизип, инвесторлолрду чочутаарын эскертет:

- Бардык эле ири чет өлкөлүк компаниялар базарга келерден мурун кандайдыр бир иликтөө жүргүзүп, кандайдыр бир маалымат алгысы, экономикалык талдоо жүргүзгүсү келет. Эгер ушундай мыйзам долбоор кабыл алынса, алар мындай иштердин баарын жасай албай калат. Мунун баары “тыңчылык” деп сыпатталып калат. Аларга аналитикалык маалымат берген Кыргызстандын жарандары же уюмдары жоопко тартылып да калышы мүмкүн. Долбоор так жазылган эмес.

Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү киргизүү тууралуу бул мыйзам долбоорун “Ар-намыс” фракциясынын үч депутаты даярдаган. Алардын бири Турсунбай Бакир уулу жарандык коомдун дооматтарын четке какты:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын чек аралары жакшы кайтарылбай жатат. Биздин кээ бир жарандар, кээ бир бейөкмөт, же дагы башка уюмдар каалаган маалымат оң-солго берип салып жатат. “Тыңчылык” бейөкмөт уюмдар арасында кеңири тараган.

Бакир уулу мыйзам долбоор мамлекеттик коопсуздук үчүн керектигин да кошумчалады:

- Мамлекеттик сыр деп аталган маалыматты биздин жаран чет өлкөлүк, же эл аралык уюмга берсе, же болбосо алардын өкүлдөрүнө каржылык, материалдык, техникалык, же консультативдик же башка жардам берсе бул тыңчылык болуп эсептелет. Кылмыш жазасына тартылат. Эгерде ушундай эле кылмышты чет өлкөнүн жараны жасаса ал да жоопко тартылат. Биз сунуштаган мыйзам долбоор Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Демократияны башаламандык деп түшүнбөш керек. Бул жерде мамлекеттик тартип болушу керек.

Буга чейин Турсунбай Бакир уулу баштаган “арнамысчы” депутаттардын чет өлкөлүк агенттер жана мамлекеттик сыр тууралуу мыйзам долбоорлору да коомдо талкуу жараткан болчу.

Инспектор пара менен кармалды

Инспектор пара менен кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Алайда кайрадан жол тосушту

"Кеч жардамга" айланган Тез жардам

Бишкекте мас милиция кызматкери машинеси менен сүзүп керектен чыгарган, баасы 120 миң евро турган Тез жардам унаасы.
Бишкекке келгениме 5 жылдын жүзү болсо да 103 номурун бир да жолу терип көрбөптүрмүн (Түф, түф андан кудай сактасын). Тез жардам кызматы тууралуу элден жылуу сөз укпагандыктанбы, айтор аларга эч эле ичим чыкчу эмес.

Мен жалгыз эмес экенмин. Фейсбуктагы досторумдун 90 пайызга жакыны тез жардам 2 саат дегенде араң келээрин, көрсөткөн кызматы үчүн акча алаарын жазышты. Кыскасы ыраазы болгондор саналуу.

Өгүнү тез жардамчылардын аттын башындай болгон армандарын жеринде угуп алып, фейсбукка жазган сын-пикиримди өчүрүп салгым келди...

Көрсө...

Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекованын айтымында, мындай экен:

90-жылдары Бишкектин 500 миңге жакын калкын Тез жардам кызматынын 52 унаасы тейлесе, азыр 1,5 миллионго жакын калкка болгону 35 гана тез жардам машинеси кызмат кылат. (36 болгон, анын бирөөсүн болгондо да немистер берген 120 миң евро турган унааны Октябрь РИИБинин кызматкери мас абалында машинеси менен сүзүп салып, керектен чыккан. Эмдигиче күнөөлүүлөр жазасын ала элек. Бирок Атамбаев баш калгандары төш болуп милийса талкалаган машинени ордуна коюу менен алек). Анан каяктагы тез жардам? 35 унаанын ону эле жаңы болбосо калганынын эчак эле шайы ооп, эшиги жабылбай калган. Анысы аз келгенсип тез жардам унаалары шаар борборунан 7 чакырым алыстыктагы Шабдан баатыр көчөсүндөгү автопаркка барып токтойт, ошол жерден май куюшат экен. Бул тез жардамдын кеч жардамга айланганынын биринчи жана негизги себеби.

7 миң сом айлык, 24 саат иш...

Негизи Кыргызстанда бир эле акысыз кызмат бар болушу керек. Ал тез жардам. Бирок аталган кызматтын дарыгерлери айлык акынын аздыгынан бул кызматты акылуу кызматка айлантып жибергенин жашырып болбойт. (Жакын тууганыңызды өлүмдөн алып калган адам жалооруп маңдайыңызда турса, көздөрүн жылтыратып кантип куру кол кетирмек элек? Анүстүнө кыргыздар куру аякка бата бербейт эмеспи). Дегеним тез жардам станциясында иштеген дарыгерлердин орточо маянасы 7 миң сомду түзөт. Бир үй-бүлөгө күнүнө 230 сом оокат болобу?

Жок дегенде дарегиңерди билип алгылачы (!)

Жылына 365 күн, суткасына 24 саат тынымсыз иштеген Тез жардам кызматына өлгөнү жаткандын баары чалат (Кудум Өзүбековдун ырындагыдай, "мен өрттөнүп барам, мен күйүп барам..."). Арасында масы да, соосу да, башкасы да бар.

Көрсө, тез жардамдагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн баары тасмага жазылат экен (Муну жетишкендик катары баалап койсом ашыкча болбос). Чалууларды талдоо үчүн атайын эки күндүк сүйлөшүүлөрдү эринбей бирден угуп чыктым. Кызыктын баары ошол жакта экен. Суткасына 550-600 чакыруу болсо, анын 5 пайызга жакынын жалган чалуулар түзөт тура. Арасында ойноп чалгандар, дарыгерлерге түнкү 3тө арзуусун билдиргендер да жок эмес. Орчундуусу тил маселесинде. Байкашымча диспетчерлер кыргыз жана орус тилдеринде жооп берип жатышты. Бирок бейтаптар орусча учурашып алышат да, бираз сүйлөшкөндөн кийин эле орусча "бирдиктери" түгөнүп, дартын түшүндүрө албай убара болушат. Мисалы, Керамика 75 деген даректен бир аял чалып, 75 дегендин орусчасын билбейби, айтор “Керамический семнадцать” деп салды ойдо жок жерден.

Диспетчер кыргызча түшүнбөгөн орус эже экен, бригаданы Керамика 75ке эмес, Керамика 17ге жөнөттү. Эми бир чакырууга орточо бир саат, туура эмес дарекке андан да көп убакыт кетет. Ушул учурда тез жардамды ондогон бейтап ай караган текедей күтүп турган болот. (Мен тез жардамда отурганда 4 саатка чейин күткөндөр да болду). Дагы бир кыз жардам сурап чалды эле орус диспетчер алаары менен “и-ий, орус экен да” деп трубканы ыргытып жиберди. Жаңы конуштардан чалгандардын көбү өзү жашап жаткан даректерин билбегени угулуп жатты. Баары тең эле айылда жүргөнсүп “жалгыз бактын жанында”, “кызыл дарбаза”, "көк чатыр” деп үйлөрүн сүрөттөшөт. Жолдорунда жарык жок, түнкүсүн кычыктагы үйлөрдү ит менен да издеп таппайсың. Айланайын туугандар, жок дегенде жашап аткан үйүңөрдүн дарегин акиташ менен болсо да жазып койгулачы, сураныч. Өзүңөргө керек болбосо да, Тез жардам үчүн керек экен бул нерсе. Бул Тез жардам күтүүнүн экинчи себеби десек болгудай.

Тез жардам кызматкерди тандабайт

Үчүнчү маселе - медкызматкерлер. Башкы дарыгердин айтымында, учурда тез жардамга 120 кызматкер жетишпейт (7 миң сом айлыкка азыркы жаштар байласа да иштебесе керек). Айлык аз болгондуктан Кудайдан жөө качкандын баары ушул жакка келет экен. Келген эле киши ишке дароо алынат. Тандоо деген жок (келбей атса кимди тандашмак эле?).

Кыскасы Тез жардамда мурда бир ооруканадан айдалып кеткен же жини чукул дарыгер болсо таң калбай эле коюңуз. Тез жардамда өңчөй 40 жаштан 75 жашка чейинкилер иштейт. Жаштар дээрлик жокко эсе. Жашы улгайып калган адамдан тездикти талап кылыш шариятка деле туура келбейт (Айрыкча, лифт иштебей калса, 9-кабатка жөө көтөрүлгөн учурда). Тез жардамда иштегендердин 60 пайызы башка жумуштарда да иштешет. 24 саат иштеп туруп башка жумушка кеткен адамды же башка оор жумуштан келип, 24 саат кирпик какпаган адамдан кайдагы сапаттуу тейлөө? (Тез жардамчылар робот болсо да эмне болуптур?).

120 депутат болгуча, 120 дарыгер болсочу...

Дагы бир орчун маселе. Азыр Тез жардам машинесин көрүп турса да айдоочулар жол бошотпойт. Тез жардамга жол бермек тургай жөөлөп өтүшүп, “каякка баратат?” деп шоопурду сабап салган учурлар да жок эмес. Тыгын болгон учурду айтпай эле коёлу.

Ушундан улам мындай ой келди, 120 депутаттын 20сын кыскартып, ошолорго кеткен каражатты тез жардамга бөлсөк кантет? Жылына бир депутатка 6 миллион сом кетет. Ошондо 20 депутатка кетчү 120 миллион сомду жыл сайын тез жардамга бөлсөк, менимче көп киши ажалдан калмак. Болбосо тиги дүйнөгө "аттангандардын" көбү тез жардамды көрбөй калып жатышпайбы. Же эмне депутаттын саны 120 болбосо мыйзам чыкпай калабы? Кичинекей эле баланын суроосун бергим келет: “Эмнеге 120 депутат?” (Адам өмүрүн сактап жаткансып кымбат баалуу кызматтык унаа минишип, керек болсо милийсанын коштоосунда жүрүшөт).

Тез жардамга ким жардам берет?

Тез жардамчылар ушунун баары аз келип жаткансып бейтаптардан да таяк жешет. Анткени алар мастарга, баңгилерге деги койчу баары үчүн жардамга чуркашат. 7-апрелде деле ошолор жүрбөдү беле аянтта. Кыргыздар "эттин жакшысы да, жаманы да боор" деп коюшат. Анын сыңары дарыгердин жакшысы да, жаманы да тез жардамчылар. Алардын коопсуздугун ойлогон жан жок. Маселен, милийсанын погонун жулсаң жоопко тартыласың, а дарыгердин башына чака кийгизип, керек болсо атып салсаң да жооп бербейсиң. Анткени мындай мыйзамда каралган эмес.

Келгиле, өздөрү тез жардамга муктаж болуп турган Тез жардамга жардам берели. Жок эле дегенде алдында унаасы барлар 103кө чалгандын ордуна өзүңөр эле алып жөнөгүлөчү жакынкы ооруканага...

Мен муну менен тез жардамчыларды актагым келбейт. Болгону алардын оор абалы менен баарыңарды маалымдар кылгым келди. Анткени көпчүлүк 103кө чалгандан кийин тез жардам 15 мүнөткө жетпей келет деп ойлойт экен. Сиз ойлогон убакытта келиш үчүн аларга дагы 25 унаа алып берип, айлыгын жок дегенде 20 миң сом кылыш керек го туугандар, кандай дейсиңер?

Ажыга жөө кеткендерден дайын жок

"Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.

Август айынын башында Кыргызстандан ажылыкка жөө жөнөп кеткен он кишинин дайыны чыкпай жатканын жакындары айтып чыгышты.

Бул он киши Кыргызстандан чыгып кеткен бойдон кабар болгон эмес. Алар кайсы өлкөлөрдү басып өткөнү, кайсы жерге жеткени тууралуу да маалымат жок. Алар ажылык визасы жана жетиштүү каражаты жок эле Мекеге зыяратка кетип калышкан.

Кеткенден бери кабар жок

Өзүн Эркин деп тааныштырган Бишкектин тургуну бир тууган жездеси август айынын башында ажылыкка жөө кетип, ошондон бери кабары жоктугун билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан чогулган он адам август айынын башында Мекеге жөө аттанып, Казакстан тарапка чыгып кетишкен.

- Орозонун акыркы күнү чыгып кетишкен. Бишкектен жөө чыгып, Чалдовар тарапка сапар алышкан. Он адам болобуз дешкен, көбү көлдүк балдар болчу. Менин жездем өзү Нарындан болот. Азырга чейин биринен да дайын болгон жок. Же ажыга барышканы, же каякта жүрүшкөнү белгисиз. Кабарлары жок, же телефон да чалышкан жок.

Эркиндин айтымында, Мекеге жөө аттанган он адамдын визалары жана акчалай каражаттары да болгон эмес, бирок алар Кудайга тобокел кылып жөнөй беришкен.

- Буларга виза да, уруксат да беришкен эмес, бирок кетип калышкан. Мен жөнөөр алдында аларга жолуккам. Көлдүк балдар Ысык-Көлдөн бери жөө келдик деп айтышкан болчу. Алар Мекеге ажы болуп келебиз деген максатта кетишкен. Негизи акчалары жок болгон да, ошон үчүн “жөө эле барып келебиз” деген чечим чыгарып жөнөшкөн болчу. Элчиликке киришсе да виза беришпептир. Колдорунда паспорттору болгон, бирок акчалары өтө аз болчу. Канча акчаңар бар деп сурасам, аз эле дешкен. Ортодо балким, 10-15 миң сомдой эле акчалары болсо керек.

Күйөөсүн күткөн келин

Эгер ажылыкка жөө кеткендер Сауд Арабияга жетери анык болгон күндө деле, бир катар мамлекеттердин визасы талап кылынмак. Анткени, постсоветтик мамлекеттерди эске албаганда да Түркия, Иран, Сирия, Кувейт жана башка мамлекеттерди кесип өтүүгө туура келет.

Ажыга кеткен күйөөсүн күтүп, бирок кабар алалбай жатканын Бишкек шаарынын дагы бир тургуну “Азаттыкка” билдирди. Атын атагысы келбеген жаш келиндин билдиришинче, анын өмүр шериги Кыргызстанда кырк күнгө жана төрт айлык мөөнөткө дааватка чыгып жүргөн жана “Таблиги жамаат” диний уюмунун жолдоочусу болгон. Аны менен кеткендердин баары дааватчылар болчу дейт, бешиктеги баласы менен күйөөсүн күн санап күтүп жаткан келин:

- Булар кетердин алдында Бишкектеги борбордук мечитке барышкан. Ал жерден “жөө барбагыла, болбойт” деп каршы чыгышкан экен. Кеткендерине төрт ай болду, эч бир кабар жок. Менин да 8 айлык балам бар, ошону менен эч кайда чыга албай жатам. Келип калса керек деп эле күтүп, кимге кайрылышты деле билбейм. Алтоо көлдүк болот. Аларды жакшы деле тааныбайм. Бирөөсүн тааныйм, аты Абдулла болчу. Бирок булар өздөрүнүн кыргызча аттарын сүннөт ат кылып, башкача айтканда мусулманча кылып өзгөртүп алышкан. Менин күйөөмдү ошол адамдар жүр дегенинен улам кеткен. Негизи ажылык жолдомо алып, эмдиги жылы деле барса болот эле...

Көрдүк деген киши жок

Жогоруда айтылгандай, Мекеге жөө сапар алгандардын алтоо Ысык-Көл облусунан. Дубандын казысы Алмаз ажы Сагындыковдун айтымында, алар же бир казыяттан, же бир муфтияттан уруксат алган эмес. Быйыл ажыга барып келгендерден сураштырып, бирок алардын кабарын биле албадык дейт Сагындыков.

- Булар өздөрү эле демилге көтөрүп, дааватка чыгып жүргөндөй эле кетип калышкан. Алардын Мекеге жеткен-жетпегени, кайсы жерде жүргөнү боюнча бүгүнкү күнгө чейин бизде маалымат жок. Алардын арасында мен тааныган дагы адамдар да бар болчу. Ажыга барып келгендерден биз да сураштырып жатабыз, баары болбосо да, бир-экөө жолукмак да. Эч ким аларды көргөн жокпуз деп жатат.

Ысык-Көлдөн кеткендердин арасында жогорку билимдүүлөрү, мурда аскер адамы болгондору да бар болгонун айткан Сагындыков алар дааватчы болушканын ырастады. Бирок алар дааватчылардын, башкача айтканда “Таблиги жамаат” уюмунун эрежелерин четке кагып, карманбай, ашынып кеткендер дейт облустун казысы.

- Жөө кеткендердин баары дааваттын ичиндеги тартипке баш ийбегендер. Алар муфтияттын да, казыяттын да уруксатын алышкан эмес. Алар камылга көрүп, алдын-ала даярданышпай, “бизге бир гана Кудай жардам берет” деп аша чапкандар. Дааваттын тартибин толук аткарбай, үй-бүлөсүн жакшы карабай, чектен чыгып кеткендер болуп жатат. Арасында жогорку билимдүүлөрү, аскер адамдары болгону жана жөнөкөйлөрү да бар болчу.

Муфтият эмне дейт?

Быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга үч миң алты жүз ажылык жолдомо бөлгөн. Бирок ажылык сапарга учак менен гана баруу талабы бар. Муфтияттын алдындагы ажылык штабынын башчысы, муфтийдин даават, үгүт иштери боюнча орун басары Максатбек Токтомушевдин айтымында, муфтият аркылуу кеткендердин баары бири калбай Кыргызстанга кайтып келди.

- Муфтияттан канча адам барган болсо анын баары кайтып келди. Бизде самолет менен гана барганга укуктуу, ал түгүл автобус менен да барганга болбойт. Буга өкмөт тарабынан тыюу салынган. Биз жөө барган адамдарды көргөн жокпуз, алар муфтият аркылуу барган жок.

Ажыга кимдер барат?

Аалымдардын айтымында, Ислам дининде Кудайга бекем тобокел кылуу мактоого аларлык иш. Бирок куру тобокелчилик да дурус эмес деп саналат. Ал эми ажылык мүмкүнчүлүгү жеткен, каражаты бар адамдарга гана парз болуп эсептелет.

Ислам аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов азыркы заманда ажылыкка баруунун эрежелерин, шарият талап кылган шарттарын айтып берди:

- Ажылыктан кайтып келгенге чейин үй-бүлөсү кайсы бир нерсеге муктаж болуп калбагандай шартта болуш керек. Анан жөнөгөн адамдын барып келгенге, ошол жакта жашаганга жеткидей каражаты болуш керек. Ошондой эле жолдун шарттары да бар. Мисалы, жол тынч болушу кажет жана согуш сыяктуу жаңжалдар, адам өмүрүнө зыяны болбошу зарыл. Анан азыркы замандагы шартка ылайык, колунда ажылык визасы бар болушу керек. Ажылыкка ушундай шарттар менен барылат. Анан тыйыны жок болуп, жолдо кайыр сурап кете беребиз деген туура эмес. Алды менен камданып, жол киресин төлөгөндөн кийин гана жөнөө кажет. Күн мурунтан себептерин камдабастан туруп, куру же көр такыбалык кылган туура эмес.

Расмий мамлекеттик органдар Мекеге жөө кетти деген он адам тууралуу эч бир кайрылуу түшпөгөнүн, эгер кимдир бирөө аларды издөө үчүн кайрылса, сөзсүз аракеттер көрүлөрүн маалымдады.

Алайда жол тоскондор шарт коюп тарады

Ош - Эркеч-Там жолун тосуп тургандар, Алай, 24-ноябрь, 2013.

Камалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жекшембиден бери бууп турган Ош - Эркеч-Там жолун дүйшөмбү күнү кечке жуук ачып, бийликке үч күндүк убакыт чектеди.

Ош - Эркеч-Там жолу жекшембиде Акматбек Келдибековдун туулган айылы Сопу-Коргондун тушунан буулган. Адегенде жеңил унаалар өткөрүлүп, жүк ташуучу машинелер гана токтотулуп турса, бүгүн түшкө жуук жол таптакыр буулду. Натыйжада жолдун эки тарабында топтолгон унаалардын саны беш жүзгө чамалап барды.

Бүгүн кечке жуук нааразылык акциясына чыккандар менен Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен эки күндөн бери буулуп турган жол ачылды. Бирок Келдибековдун тарапкерлери өз талабын аткарууга бийликке үч күндүк мөөнөт чектешти. Алар үч күн ичинде Келдибеков үй камагына бошотулбаса, Ош-Эркеч-Там жолун кайрадан бууй турганын эскертишүүдө.

Жол тоскондор депутат Келдибековдун үй камагына бошотулушун талап кылып турушту: Алардын бири Алтынай Ташматова жекшембиде “Азаттыкка” буларды билдирген:

- Азыр бул жерде эки миңдей адам топтолду. 3 боз үй тигилди. Биз Акматбек Келдибековду тергөө бүткөнчө үй камагына бошотууну талап кылабыз. Келдибековдун камалышы - саясий буйрутма. Ага жалган жалааларды жабыштырып жатышат. Тергөө чын-жалганына жеткенден кийин деле камаса болот да. Талаптарыбыз аткарылмайынча жолду тосо беребиз.

Жол тосулган жерден сүрөт баян
(Тойчубек Артык уулунун сүрөттөрү, Kloop.kg)



Бул учурда (жекшембинин кечинде) тартип сакчылары жол тоскондордун саны 50гө да жетпейт деген маалымат таратты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев Келдибековдун тарапташтары менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлаган.

- Азыр 40ка жакын адам бар. 3 боз үй тигилген. Ош облустук ИИБ башчысы Ашым Тагаев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылып калышы мүмкүн. Жол тоскондор жеңил машинелерди коё берип, жүк ташыган унааларды тосуп жатат. Азыр 30дай жүк ташуучу машине турат.

Келдибековдун тарапташтары буга чейин милиция кызматкерлери жол тоскондорду четинен кармап кетип, алардын үйүнө чейин кыдырып, кысым көрсөтүп жатканын айткан эле. Бул маалыматты.Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев жокко чыгарды:

- Бул туура эмес маалымат. Милиция эч убакта үймө-үй кыдырбайт. Алар болгону элдин коопсуздугун сактоо үчүн турушат. Акцияга чыкпагыла деген кысым эч убакта болбойт. Анткени биз буга жол бербейбиз.

Жергиликтүү журналист Тойчубек Артык уулу Сопу-Коргон айылына барып, жол тоскондорду өз көзү менен көрүп келген. Ал жол тоскондордун көбү аялдар жана жашы өткөн адамдар экенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Сопу-Коргонго түшкү 12лерде (жекшембиде) бардык. Биз барганда 500дөй адам топтолуп турган экен. Көпчүлүгү аялдар жана жашы өткөн адамдар. Алар жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатышат. Кечке жуук биз кетип баратканда 300 чамалуу адам турган.

Ал эми Алайдан Ошко көмүр тартып иштеген айдоочу Нурланбек Сайпидинов 7 сааттан ашык жолдо турганын айтууда:

- Бизди өткөрбөй жатышат. Мен Чоң-Алайдан Ошко көмүр тартып бараткам. Түшкү экиден бери ушул жерде турабыз. Азыр мына түнкү он болду.

Ошентип Келдибековдун тарапкерлери эки күн дегенде жолду араң ачышты. Эми алар бийликке шарт коюп, үч күн ичинде Келдибеков бошотулбаса кайрадан жол тосоорун эскертишүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков 22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Башкы прокуратура Келдибеков жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөндө мамлекеттик казынага баш-аягы 30 миллион сомдук зыян келтирген деп айыптап жатат. Келдибеков 20-ноябрда кармалган. Андан бери депутатты жактагандар Алайда, Ошто жана Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүштү.

"Унчукпай койбо жана коркпо!"

Апта: Келдибековдун камалышы...

Эки айга камалган депутат Акматбек Келдибековду соттон алып кетишүүдө. Бишкек, 22-ноябрь, 2013

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышы менен өлкөдө кайрадан ар кандай нааразылык акциялары: митинг, пикет жана жол буумайлар башталды.

Шаршембиде Башкы прокуратура Келдибеков казынанын миллиондогон каражатын солоп алган коррупциялык пирамида түзгөн деп камакка алды. Бирок анын жактоочулары оппозициянын бул барандуу өкүлү “Кыргызгаздын” Орусиянын “Газпромуна” сатылышына каршы чыкканы үчүн кылтакка илингенин жүйөө келтиришүүдө. Оппозиция банк кутучуларынан алынган миллиондор, 7-апрелдеги талап-тоноолор жана азыркы бийлик өкүлдөрүнүн жеп-ичмейлери сыяктуу кылмыш иштери эмнеге ачылбайт деп чыгышты. Жуманын башында Батукаевге караштуу делген “Карышкыр” каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Москвадан алынып келинди. Ага удаалаш эле Кара-Кече көмүр кенине көзөмөлдүк кылууну талашкан топтор ок атышып, эки адам жараат алды.

КЕЛДИБЕКОВДУН КАМАЛЫШЫНДА САЯСАТ БАРБЫ?

Башкы прокуратура Келдибеков Социалдык фондду, Салык кызматын жана парламентти жетектеп турган учурундагы үч кылмыш эпизодун жарыялады. Башкы көзөмөл органы сегиз компаниядан турган “пирамиданын” негизинде мамлекеттин каражаты кандайча майкандалганын таап чыккан.


Тасмада: Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековду эки айга камады

Мурдагы спикер эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00


Бирок эмнеге аталган кылмыш иштери Келдибеков “Кыргызгазды” сатууга каршы чыккан учурга туура келгени боюнча баш прокурор Аида Салянова оңдуу жооп бербеди. Болгону бул иштер бир жылдан ашуун убактан бери иликтенип отуруп, депутатты камакка алуу ушул мезгилге туура келгени айтылды. Келдибековдун жактоочулары козголгон иш боюнча мамлекеттик телеканалдар депутатты далилдене элек айыптоолор боюнча бир жактуу каралоодо деп эсептешет.

Келдибековдун жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров депутаттын ишин саясий куугунтук деп эсептегенге негиз берчү үч жагдайды мисал келтирди:

- КТРК менен ЭЛТР жана “Бешинчи канал” тынбай эле далилдене элек иштер боюнча бир жактуу каралап жатканы бул иштин саясий мүнөздөгү куугунтук экенинен кабар берет. Анан Келдибеков “Кыргызгаз” боюнча аны сатууга каршы комитеттин чечимин чыгарып салбадыбы. “Кумтөр” боюнча дагы ушундай болду. Анан бийлик муну ээрчиген башкалардын дагы оозун жаап, парламенттен мына ошол маселелерди өткөрүп алуу үчүн Келдибековду камакка алды. Анан калса шайлоо жакындап келе жатат. Буга окшогон саясий атаандаштын азыркы бийликке кереги жок болчу.

Келдибеков түзгөн “пирамида”

Прокуратура Акматбек Келдибеков Cоциалдык фондду жетектеп турганда “Ротак-Бишкек” деген ишкана аркылуу он үч миллиондук жабдууну 24 миллион сомго сатып алган деп айыптады. Салык кызматында турганда Келдибеков мурдагы баш прокурордун уулу Кубанычбек Конгантиев менен бирге “Бизнес партнер” деген мекеме аркылуу бир миллион үч жүз миң сомдон ашуун салыкты кыскартканы аныкталган. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда Келдибеков Москвада өкүлчүлүк ачып, он миллион сомду мыйзамсыз жумшаганы табылган. Баш прокурор Аида Салянова Келдибеков түзгөн коррупциялык схемалардын негизинде миллиондогон сом зыян келтирилген деп билдирди:

- Бул ишке көптөгөн фирмалар, көптөгөн адамдар тартылган. Алардын башында Келдибеков жана анын жубайы Аида Токтоматова турат. Мына ошол каржылык агымды көзөмөлдөп турган булардын өзүнчө көмүскө эсепканасы да болгон. Мына ошол бири-бири менен чырмалышкан схемалар аркылуу акчаны алып чыгуу жагы сыйгылыштырылган экен. Бул иштер боюнча биз коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу деген кылмыш белгилери боюнча иш козгодук.

Азыркы бийликтин ичиндеги коррупция ачылабы?

Ошол эле кезде парламенттеги айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар коррупция менен күрөш бир жактуу жүрүп, өкмөттүн жана президенттин айланасындагы адамдардын коррупциялык иштери эмнеге ачылбай турганына кызыгышты. Атка минерлердин арасындагы кылмыштын бул түрү менен күрөшүүдө тандалма мамиле жасоо мамлекеттин пайдубалына шек келтирет дегендер да болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков президент Атамбаевге жакын саналган азыркы аткаминерлерге иш козголбой жатканына токтолду:

- Бул жерде коррупцияга каршы күрөшүңөр бир жактуу жүргөндөй болуп жатат. Ашыкча штаттарды ачып, бюджеттин каражатын мыйзамсыз пайдаланды деп Келдибековго айып койупсуңар. Мына ушундай эле жол менен чек ара кызматында штаттык бирдиктерди киргизип, казынага 40 миллион сом зыян келтирген Токон Мамытовго эмнеге кылмыш ишин ачпайсыңар. Эмнеге тендерлерге өзүнө караштуу компанияларды гана киргизип, бюджеттин каражатын өзүнүн кызыкчылыгына карата колдонуп жаткан вице-премьер-министр Сарпашевге иш козгобойсуңар?

Мындан сырткары 2010-жылдагы элдик толкундоолордун учурунда банк кутучаларынан миллиондогон доллар акчаны алган деп шектелген ошол кездеги убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева камакка алуулар эмнеге “Ата-Журт” партиясынын өкүлдөрүнө карата гана колдонулуп жатканын белгиледи:

- Эмнеге мына ошол банк кутучаларынан алынган 21 миллион доллар боюнча кылмыш ишине тиешеси бар убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камакка алынбайт? Эмнеге адамдар окко учуп жатканда талап-тоноочулуктарды уюштурган саясатчылар камала элек? Эмнеге жанагы 2010-жылдан берки коомчулуктун бүйүрүн кызыткан чоң-чоң аткаминерлердин коррупциялык иштери боюнча кылмыш иши козголо элек?

Баш прокурор Аида Салянова кылмыш иштерин ачуу аткаминерлердин кайсы партиядан экенине карабастан жүргүзүлө турганын белгиледи. Коррупцияга каршы күрөш саясий көз караштарга көз каранды эмес экенин айтып ишендиргиси келген баш прокурор азыркы бийликтин командасындагыларды камабоо тууралуу чектөө жок экенин кыйытты. Салянова муну менен азыркы өкмөттө отурган же башкаруучу партиянын курамына кирген бир катар аткаминерлерге карата да кылмыш иштери бар экенин билдирди.

"Муну убагы келгенде көрөсүңөр" деп айткан баш прокурор Аида Салянова оппозициянын айыптоосун мындайча четке какты:

- Банк кутучуларынан алынган акча жана талап-тоноочулук боюнча башка органдардагы тергөө башкармалыктары иштерди карап келген. Алардын аягы эмне болгонун Улуттук коопсуздук кызматы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билсеңиздер болот. Анан кимдин кайсы партиядан экенине карата иш козголбойт. Бул жерде мына ошол адамдын кыймыл-аракетине жараша болууда. Айтсак учурда КСДП партиясында турган губернатор, аким сыяктуу ири аткаминерлерге дагы иш козголуп жатат. Жакында андан чоңдоруна дагы козголот. Бул боюнча бир нече кылмыш иштеринин материалдары бар. Бул жерде мени бир жактуу гана кылмыш иштерин козгоо боюнча айыптоо туура эмес.

Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын караган Бишкектин Октябрь райондук соту жума күнү аны эки айга камоо чечимин чыгарды.

"КАРЫШКЫРДЫН" КЕЛИШИ

Депутат Келдибековдун камакка алынышынан бир күн мурун атайын кызматтар “Карышкыр” деген каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бирин Москвадан алып келди. Ага кандай айып койулганы азырынча белгисиз. Бирок "Карышкырдын" кармалышы Кыргызстандын түрмөлөрүндө уюшкан кылмыш топторунун ортосунда таасир талашуу кармашын күчөтпөйбү деген кооптонууларды жаратты. Анткени жаза мөөнөтүнөн мурун абактан чыгарылган Азиз Батукаевдин тобуна таандык делген Өмүрзаков быйыл августта Орусияда “мыйзамдагы ууру” деген кылмыш дүйнөсүнүн макамын алган.

"Карышкырдын" келиши боюнча УКМКнын ыкчам тасмасы

"Карышкырды" кармашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев “Карышкырдын” аталган макамды алуусу мурунтан эле пландаштырылганын белгилеген болчу:

- Мурсалим Өмүрзаков Грозныйда, Батукаевдин жанында жүрөт. 9-апрелде Батукаев учуп кетсе, Өмүрзаков 12-апрелде артынан кеткен. Аны "ууру" кылып дайындай турганы ошондо эле сөз болгон.

Мына ошондон улам азыркы бийлик аны “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобуна карама-каршы койуу үчүн Батукаев менен келишимге барган эмеспи деген шектенүүлөр арбып барат. Буга себеп катары кылмыш дүйнөсү аркылуу коомдук-саясий абалга таасир эткен фактор айтылып келет.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев “Карышкырды” Кыргызстанга алып келүүгө Батукаевди абактан чыгарткан күчтөр кызыкдар болчу деп түкшүмөлдөйт:

- “Карышкырдын” “мыйзамдагы ууру” болушу, Кыргызстанга келиши - бул Батукаев өзү Кыргызстанда жок болгону менен анын колу бул жакта турганынан кабар берет. Криминалдык чөйрөдө “общяк” деген түшүнүк бар экен, ошону көзөмөлдөгөнү “Карышкыр” келди деп баары эле түшүнүп турат. Биз муну мурун эле айтып чыкканбыз, иштин баары бүткөндөн кийин тартип коргоо органдары кармап атышат. "Карышкыр" Кыргызстанга келүүгө өзү кызыкдар, анткени ал бул жактан өз ордун ээлеши керек.

КАРА-КЕЧЕДЕГИ ТАЛАШ

Ошол эле кезде Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири - Кара-Кечеде эки топтун ортосунда ок атышуу болуп, эки адам жабыркады. Жергиликтүү тартип сактоо органдары муну кезек талашуудан чыккан кадимки чыр катары белгиледи. Бирок жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү мындагы көмүр ишкердигин уюшкан кылмыш топтору көзөмөлдөй турганын айтып келишет.

Кара-Кече көмүр кени, 19-октябрь, 2012.
Кара-Кече көмүр кени, 19-октябрь, 2012.
Мына ошол аймакты көзөмөлдөө үчүн болгон талаш-тартыштардын аягы ок атышууга жетти деп билдирди өзүнүн ысымын атоодон жалтайлаган жергиликтүү ишкер:

- Ал жакта башынан эле ызы-чуу. Кылмыштуу топтун көзөмөлүсүз кенге машинелер кирбейт. Кирген күндө деле бир-эки жумалап күтүп жатасың. Бюджеттик мекемелер үчүн сапатсыз көмүр жүктөшөт. "Каралардан" башка Салык кызматы, УКМК тынбай барып турат. Айтор, өзүнчө эле мамлекет, баары башаламан.

Кара-Кече кениндеги көмүрдүн запасы 400 миллион тоннага барабар деп чалгындалган. 2005-жылы аталган көмүр кенин ошол кездеги белгилүү бир уюшкан кылмыш топторунун колдоосу менен Нурлан Мотуев башында турган “Жоомарт” кыймылы басып алган. Кийин ал кармалып, камакка алынып, бирок аталган кылмыш иши соттон кыскарып кеткен.

Мына ошондон бери бул көмүр кенин өзүнө каратып алгысы келген ар кайсыл топтордун ортосунда талаш жүрүп келет. Аталган топтор мындай териштирүүлөргө көбүнчө уюшкан кылмыш топторун тарткан мисалдар да аз эмес.

Медицина: жетишпеген тез жардам, жоголгон ымыркай

"Азаттыкттын" кабарчылары медициналык жайлардагы коопсуздукка, тез жардам кызматындагы жагдайга, бейтап -дарыгер мамилесине кызыкты.

Борбордун 4-төрөт үйүндөгү бала уурдоо окуясынын арты менен медициналык мекемелердеги көмүскө көп кызык жагдайлар белгилүү болду. Аларды төрөт үйүндөгү айымдар кабарчыбыз Азиза Култаевага айтып беришти:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00
Түз линк



90-жылдары Бишкектин 500 миңге жакын калкын тез жардам кызматынын 52 унаасы тейлесе, азыр 1,5 миллионго жакын калкка болгону 35 гана тез жардам машинеси бар. Тез жардам кызматында иштеген врачтардын айтымында, унаанын тартыштыгынан бейтаптардан сөгүү угуп, алардан таяк жеген учурлар да болот. Ал эми бейтаптар "тез жардам убагында келбейт, көрсөткөн кызматы үчүн акча талап кылышат" деп нааразы. Азыр өздөрү жардамга муктаж болуп жаткан тез жардам кызматына кабарчыбыз Улан Эгизбаев барып келди:

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:39 0:00
Түз линк



100 минден ашуун калк жашаган Жалал-Абад шаарында эки гана тез жардам унаасы бар. Тез жардам кызматынын бейтаптарды кабыл алууга жайы да жок. Жалалабаддык тез жардамчылар түнкүсүн аларды келекелегендер да болорун кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимовго айтып беришти:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00
Түз линк


Бейтаптар же аларды туугандары дарыгерлерге басым кылган же аларды сабап койгон учурлар жок эмес. Мындай факт ушул жайда Бишкектин №4 ооруканасына катталган. Бейтап-дарыгер мамилесиндеги түшүнбөстүктөрдүн себептерин кабарчыбыз Элиза Кененбаева иликтеди:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00
Түз линк


Ак халатчандардын кайдыгерлигинен жапа чеккен айрым жарандарды Оштон кабарчыбыз Эрнист Нурматов жолуктурду:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00
Түз линк


"Азаттыктын" жогорудагы радиобаяндарында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн себептерин саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева чечмеледи. Министрге суроолорду кабарчыбыз Бакыт Асанов узаткан:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
Түз линк

Кытайлар Айга барат, орустар база курат

Жердин Айдан чыгышы, Жымжырт деңизи ай көлү (лунное море). Сүрөттү Аполло–11 кемесиндеги астронавт Майкл Коллинз тарткан, 16-июль 1969-ж.

Кыргызстанда ИСОН кометасын декабрдан январдын ортосуна чейин телескопсуз көрсө болот. Кытай 2025-жылы Айга адамдарды учурууну көздөп жатат. Кытайлык окумуштуулардын космостук аппараты Айга 1-декабрда сапар тартат. Орусия болсо 2037-жылга чейин Айда илимий базаны курууну пландап жатат. Ал ортодо Европанын космодүрбүсү Саманчынын жолунун алгачкы үч мерчемдүү картасын түзөт.

Кыргыз окумуштууларынын жардамы менен 37 жыл мурда "Луна–24" аппараты Айга конгондон бери Жердин табигый жандоочусуна эч бир өлкөнүн луноходу конгон эмес.

Бишкектеги Машине куруу институтунун адистери 1960–1970-жылдары Советтер союзунун Айды изилдөө программасынын алкагында космоско учурулчу кемелердин, ракеталардын жана чөлмөктөрдүн тетиктерин ойлоп таап жасашкан. Кыргыз илимпоздору иштеп чыккан бургулоо аспабы планетабызга эки метрдей Айдын топурагын ала келген.

"Луна–24" Айдын Кризис деңизи кратерине 1976-жылдын 22-августунда конгон. Ал эми Айга учурулган эң алгачкы аппарат "Луноход–1" 1970-жылдын 17-ноябрында Көк желе булуңу кратерине ийгиликтүү конгон. Дал ушул жерге 37 жылдан соң эми Кытайдын да көлүгү конот. Коңшулаш Кытайдын улуттук космос башкармалыгынын "Чаң-ы–3" аппараты 1-декабрда сапарга аттанат.
Кытайдын "Чаң-ы–3" Айга кончу көлүгүнүн макети, Кытай эл аралык өндүрүш жармаңкеси, Шаңхай, Кытай, 5-ноябрь 2013-ж.
Кытайдын "Чаң-ы–3" Айга кончу көлүгүнүн макети, Кытай эл аралык өндүрүш жармаңкеси, Шаңхай, Кытай, 5-ноябрь 2013-ж.

Алты дөңгөлөктүү луноход Айга ийгиликтүү конуп жакшы натыйжа берсе, коңшу Кытай Жердин табигый жандоочусуна адамдарды 2025-жылы учурат. Жалпысынан Айга болгону 12 адам барган – баары америкалыктар. Биринчиси - 1969-жылы Нил Армстроң жана акыркысы - 1972-жылы Южин Сернан.

Кытайдын "Чаң-ы–3" көлүгү Айдагы биринчи космодүрбүнү орнотот. Луноходдун салмагы 120 килограмм жана күн кубаттуулугун сарптаган эки батарея менен иштейт. Кытайдын көлүгү Айды үч ай бою навигациялык жана панорамалык камералар, альфа-рентген жана инфракызыл спектрометрлер менен изилдеп чыгат. Кытай уламыштарындагы Айдын кудайынын атын алып жүргөн аппарат радиолокатордун жардамы менен Айдын 30 метр тереңдиктеги кыртышын да изилдейт.

Орусия болсо 2037-жылга чейин Айдын түштүк уюлундагы Богуславский кратеринде роботтоштурулган "Лунный полигон" илимий базасын курат. Эки жылдан кийин Орусия "Луна-Глоб", 2018–2019-жылдары эки "Луна-Ресурс" жана 2020-жылы "Луна-Грунт" көлүктөрүн учурат. Ал эми Индия 2017-жылы "Чандраян–2" аппаратын Айга кондурууну пландап жатат.

Сыр каткан Саманчынын жолуна сапар

Европа космос агенттигинин "Гайа" космодүрбүсү.
Европа космос агенттигинин "Гайа" космодүрбүсү.
Ал эми Европа космос агенттиги 20-декабрда 650 миллион евролук "Гайа" телескобун учурат. Бул космодүрбү галактикабыздын тарыхта алгачкы жолу үч-мерчемдүү (3D) бир миллиард пикселдүү сүрөттөрүн тартат.

"Гайа" Саманчынын жолунун болгону бир пайызын гана изилдейт. Ал бир пайызда – миллиарддан ашык жылдыз, жашоого шарты бар 10 миңдей экзопланета жана көптөгөн астероид, кометалар бар. Космодүрбү планетабыздан 1.5 миллион чакырым бийиктикте жайгашып, Күндү бир жылда айланат. Бул илимий изилдөө беш жылга созулат.

"Гайа" телескобу ар бир жылдызды 70 жолу сүрөткө тартып, Саманчынын жолунун пайда болуу тарыхын, өнүгүшүн, галактикабызды байырлаган планеталардын өмүр таржымалын, алардын так кыймылын, жарыгын жана ылдамдыгын изилдейт. Илимпоздор бул космодүрбү Саманчынын жолундагы космостук объекттердин жайгашкан жерлерин так аныктоого жана галактикабызды алдыда эмне күтүп турат деген суроолорго жооп бергенге өбөлгө түзөт деп үмүттөнүшүүдө.

Комета Жерден жакын өтөт

Сүрөттүн ортосунда МакНот кометасы (С/2006 Р1), асманда үч галактика, Патагония тоо-кыркалары, Аргентина, 10-январь 2007-ж.
Сүрөттүн ортосунда МакНот кометасы (С/2006 Р1), асманда үч галактика, Патагония тоо-кыркалары, Аргентина, 10-январь 2007-ж.
​Узун куйруктуу ИСОН кометасы 28-ноябрда Күндөн 1.8 миллион чакырым аралыкта учуп өтөт. Эгер кометаны Күн эритпесе, аны планетабызда күндүзү телескопсуз кадимкидей эле көрүүгө болот. Бул комета 2013-жылдын Ири кометасы наамына талапкер. Аны былтыр 21-сентябрда беларустук Виталий Невский жана орусиялык Артём Новичонок тапкан. Алар ачкан С/2012 S1 номериндеги узун өмүрлүү Күн системасындагы комета 10 космодүрбүнүн көзүнө илинген.

ИСОН кометасы Кыргызстандын тоолуу аймактарында декабрдын башынан 16-январга чейин түнкүсүн жана күндүзү көрүнөт. Ал эми 26-декабрда комета Жерден 60 миллион чакырым аралыкта учуп, планетабыздын бардык аймактарында көрүнөт. Бул сыяктуу кометалар акыркы ирет алты жыл мурда байкалган. Адамазат МакНотт кометасына 2007-жылы жана Хейл-Бопп кометасына 1997-жылы күбө болгон.

Өкмөт “Кыргызгазды” сата албай убара

Орусия -- "Газпромдун" баш кеңсесине бараткан адамдар, Москва.

Кыргыз өкмөтү "Кыргызгазды" "Газпромго" сатуунун айласын издөөдө. Парламенттеги оппозициялык фракциялар болсо бул келишимге каршы чыгып жатат.

“Кыргызгаз” ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев ишкананы “Газпромго”сатуудан Кыргызстанга пайда гана болоорун 22-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйынында дагы бир жолу кайталап, депутаттарды келишимди колдоп берүүгө чакырды. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары буга чейин “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп аны фракцияда колдошкон эмес.

Айрылыш жол: Оңго барсаң Орусия, солго барсаң Өзбекстанбы?

Орусия “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасын 2,4 млрд сом карызы менен алып, кайра 5 жыл ичинде 640 млн. доллар инвестиция салууга макул. Бул тууралуу айткан Кыргызгаздын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев “Кыргызгазды” сатуудан Кыргызстан пайда гана табат деген ишенимде.

- 2 млрд. 400 млн. сом деген чоң акча да. Ошол карызы менен кошо алып, 640 млн. доллар инвестиция салалы деп жатат. Жаңы газ куурларын салып, өнүктүрөлү, жаңы техникаларды салып берели деп жатат. А биз болсо ошону саясатка айлантып жатабыз.

Анткен менен “Кыргызгазды” толугу менен Орусиялык ишканага кармата берүүгө айрым депутаттар каршы. Ал эл өкүлдөрүнүн пикиринде, ишкананы 100 пайыз сатуу менен Кыргызстан көгүлтүр отун жагынан Орусияга толук көз каранды болуп калат.

Бирок Тургунбек Кулмурзаев жетиштүү газ өндүрө албаган Кыргызстан азыр да Өзбекстан менен Казакстанга көз каранды экендигин негиз келтирди.

- Биз бүгүн эки жакка көз каранды болуп жатабыз. Бир жакты карасаң Өзбекстан, бир жакты карсаң Казакстан. Эки тоону караганча, бир эле кишиге көз каранды болуп оокат кылганыбыз жакшы эмеспи. Бирок мен биз көз каранды болбойбуз деп ойлойм. Тескерисинче газ тармагында өнүгүү болбот. “Газпром” газды үзгүлтүксүз берип, анан дагы 640 млн. доллар инвестиция бергени турат. Мындай инвестицияны башка ким берип жатат?

“Бир долларга бардык менчикти карматып жатабыз”

“Кыргызгазды” 2,5 млрд сом карызы менен шарттуу түрдө 1 долларга Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү келишимге быйыл июнда Москвада кол койгон. Бирок аны эки өлкөнүн парламенттери беките элек. Ушу тапта келишимди Жогорку Кеңештеги комитеттер жана фракциялар карап бүтүп, ага “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары каршы болушту.

“Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев анткени келишим Кыргызстандын түпкүлүктүү кызыкчылыгына каршы дейт:

- Келишимде мүлктү бир долларга баалап жатышат. Бирок ошол мүлктүн ичине биздин газ бургулоочу жайлар, алар жайгашкан жерлер, байлыктар киргизилген. Анан келишимде булар “Кыргызгазды” 25 жылга алып, каалаган ишин кылышат экен. Биздин эле газды коңшу мамлекеттерге сата турган болсо, биз эч нерсесине кийлигише албайт экенбиз.

Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилет. “Газпромго” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иштемекчи. Өкмөт келишимди парламент жакынкы күндөрү, эң кеч дегенде жаңы жылга чейин колдоп берет деп үмүттөнүүдө.

Ошол эле кезде не бар не жок деп, өкмөт келерки 2014-жыл үчүн Өзбекстан менен Казакстандан газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп жаткан учуру.

Мурдагы спикер эки айга камалды

Мурдагы спикер эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

Келдибеков эки айга камалды

Келдибековдун тарапкерлери сот алдында. Бишкек, 22-ноябрь, 2013.

Бишкектин Октябрь райондук соту 22-ноябрда депутат Акматбек Келдибековду эки айга камоо чечимин чыгарды.

Сот иши жабык өтүп, Келдибековго колдоо көрсөтүп келген он беш чакты депутат да киргизилген жок.

Келдибеков эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00


Келдибековду колдогондордун нааразылыгы

Сот имаратынын алдына депутат Келдибековдун эки жүз чамалуу тарапкерлери түшкө жуук келип, сот чечими чыкканга чейин "Депутатка боштондук!" деп кыйкырып турушту. Митингге келгендердин бири Сүйүнбай Бөрүбаев эч кандай мыйзам бузушпаса да, милиция тарабынан катаал мамиле болгонуна нааразы:

- Мен өзүм Алайдан болом, Бишкекте турам. Митингге абдан чоң тоскоолдуктар болуп атат. Мыйзам бузбай эле плакаттарды эки ирет көтөрүп чыксак, милициялар жулуп алышты. "Кыйкырба, ышкырба" деп басым көрсөтүп жатышат. Милиция кармап кеткен үч балабыздын каякта экенин азыр да билбей турабыз. Үч сааттан бери ошол балдарды бир көрсөтүп койгулачы десек да көрсөтпөй коюшту.

Сот жабык өтүп, ага журналисттер, ал тургай Келдибековдун фракциялаштары да киргизилген жок. “Ата-Журт” фракциясынын депутат Жылдызкан Жолдошева сотто бир нече мыйзам бузуулар болгонун, мунун баары саясий буйрук деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

Акматбек Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров депутатты кармап, камакка алууда одоно мыйзам бузуулар болгонун кошумчалады:

- Шектүү катары кармалуусу, баш коргоо чарасын өзгөртүп камалышы да мыйзамсыз. Бул саясий буйрук. Анткени парламенттин күн тартибинде “Кумтөр”, “Кыргызгаз” сыяктуу орчундуу маселелер турат. "Келдибековду камап койдук, калганыңар да ооз ачсаңар силер да көрөсүңөр" деген белги. Анткени депутаттардын көбү ишкерлер.

Митингге чогулган элдин алдына чыгып сүйлөгөн активисттердин көбү азыркы бийлик өзүнүн атаандаштарын камоо аркылуу майтарууга өткөнүнө нааразылык билдиришти. Бирок башкы прокурор Аида Салянова Келдибековдун ишинде саясат жок экенин кечээ парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып айткан:

- Прокуратурага кайсы фракция, кайсы депутатка кылмыш иши козголду эч кандай айырмасы жок. Алардын кыймыл аракетине жараша болот. Депутаттардын өздөрүнө, балдарына да кылмыш иши козголуп атат. Бүгүнкү күндө үч депутаттын баласы абакта отурат. КСДП тууралуу айта турган болсок, алардан да губернатор, аким, алардын орун басары болуп иштеп жүргөн адамдарга кылмыш иши козголгон.

Салянова Келдибековду жактап сүйлөгөн депутаттарга кайрылып: “Силер бир депутатка күйсөңөр, мен паракорлордун айынан жабыр тарткан элге күйүп атам” дегендей мааниде сүйлөгөн сөзү интернеттеги социалдык тармактарда көпчүлүктүн колдоосуна алынган.


"Жалаа жапкандардын баарын чөгөлөтөм"


Соттун Келдибековду эки айга камоо чечиминен кийин анын жубайы Аида Токтоматова журналисттерге кыскача кайрылып, анын жолдошу ак экенин айтып, күйөөсүнө жалаа жапкандарды чөгөлөтөөрүн айтты:

- Андай байлыкты биз иштеп тапканбыз. Байлыгыбызды тизмелеп беришиптир, анын жарымынан көбү жалган. Мен баарыңарга соттон көрсөтөм, менин күйөөмө жалаа жапкандардын баарын чөгөлөтөм.

Келдибековдун жубайы: Жалаа жапкандарды чөгөлөтөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Келдибековдун камалышы боюнча коомчулукта, интернет колдонуучулар арасында да эки күндөн бери кызуу талкуу жүрүүдө. Айрымдар муну оппозиционерге кысым катары сыпатташса, көпчүлүгү Келдибековдун байлыгынын тизмесин көрүп, өмүр бою мамлекеттик кызматта жүргөн адам ушунча байлыкты кайдан топтоду деп айраң калышууда.

Эми Келдибековдун баш коргоо чарасы боюнча сот келерки жылдын 19-январында өтмөй болду. Бул убакытка чейин Келдибековдун кичи мекени Алайда, Ошто жана Бишкекте анын боштондугун талап кылган нааразылык акциялары улаанары анык болуп калды. Келдибеков сотко чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Акматбек Келдибеков эки күн мурда УКМКнын убактылуу абагына камалган. Ага Башкы прокуратура Социалдык фондду, Салык кызматын жетектеген учурда жана Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда коррупциялык иштерге барган, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагууда.


Сүрөт баян: Келдибековдун тарапкерлери сот алдында

Келдибековдун тарапкерлери

Келдибеков эки айга камалды

Келдибеков эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

Келдибековдун жубайы: Жалаа жапкандарды чөгөлөтөм

Келдибековдун жубайы: Жалаа жапкандарды чөгөлөтөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

"...Адам деген өзүм дейт тура бечара"

"...Адам деген өзүм дейт тура бечара"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Теннис: Дулдаев баш байгеге талапкер

22-ноябрда Казакстандын Павлодар шаарында өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча Азиянын ачык чемпионатында кыргызстандык кыз-келиндер намыска жараган эле.

Жаңыл Сагынбекова кыздар арасында Азиянын чемпиондук наамын жеңип алса, Лязат Райымбекова коло медал тагынган. Өспүрүмдөрдөн Мураталы Исмаилов, Айгерим Адил кызы менен Темирлан Нурбек уулу үчүнчү орунду камсыз кылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Тогуз коргоолдун тез ойноолучу мелдешинде чоңдордон Аида Турдалы кызы күмүш, Саламат Бактыбек уулу коло байгелүү болду. Уландардан Кубанычбек Ибрагимов экинчи орунду ээлесе, кыздардан Чолпон Кендирбаева үчүнчү болду. Өспүрүмдөр да куру кол калбай, Акжол Марсбеков менен Жасмин Адил кызы коло байге утту.

Чемпионатка Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, Түркия, Монголия, Кытай, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандын эки жүздөй спортчусу акыл таймашына катышууда. Кыргызстандан 36 тогуз коргоолчу катышып, өлкө намысын татыктуу коргоп жатат. Кечээ, 21-ноябрда Анарбек Жамакеев чоңдор арасында Азия чемпиону аталып, алтын медал тагынган. Азия чемпионаты 23-ноябрда жыйынтыкталат.

Бел кур күрөшү: Дүйнө чемпионатында 4 медал

21-ноябрда Орусиядан кыргыз балбандары өлкөгө 1 күмүш, 3 коло медал менен кайтып келди. Уфа шаарында өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында быйылкы Универсиаданын чемпиону Нурбек Кожобеков экинчи орунду ээледи. Нурбек Кожобеков мурда 82 кило салмакта күрөшүп жүрсө, бул ирет 90 кило салмакта күч сынашты.

- Алгач орусиялык, өзбекстандык жана тажикстандык атаандаштарымды утуп, финалда дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, орусиялык Алыбек Капаевге аз упай менен алдырып койдум, -деди “Азаттыкка” Азия чемпиону Нурбек Кожобеков.

Бел кур боюнча дүйнө чемпионатында Зиямидин Садыбеков, Урмат Миусадилалиев жана кыз-келиндерден Нестан Кыязова коло байге утуп келди. Бул дүйнөлүк таймашта 30 өлкөнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстан командалык эсепте төртүнчү орунду ээледи.

Дзюдо: Гран-при турнири

22-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында дзюдо боюнча эл аралык гран-при турнири башталды. Мында кыз-келиндер арасындагы таймашка Мээрим Момунова, Гүлжаз Саимова жана Ксения Бельдягина катышууда. Жигиттерден өлкө намысын Арген Бактыбек уулу, Сержан Абеуов жана Ислам Баялинов коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын жооптуу катчысы Назира Мамырбаева маалымдады.

Боулинг: Дүйнөлүк таймаш

22-ноябрда Орусиянын Красноярск шаарында боулинг боюнча дүйнө чемпонаты улантылды. Мында 80 өлкөнүн тандалган спортчулары мөрөй талашууда. Кыргызстандык спортчулар дүйнө чемпионатына алгачкы ирет катышууда. Өлкө намысын кыздардан Ажар Байтулаева, жигиттерден Валерий Ким коргоп жатат.

Теннис: Данияр Дулдаев финалда

Бул күндөрү Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өтүп жаткан теннис боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык Данияр Дулдаев финалга чыкты. Жуп болуп ойноодо Дулдаев өнөгү Карунудай Сингх менен Швейцария, Индиянын спортчуларын жеңип, баш байгеге талапкердин бири болду. Финалда индиялык Живан Недунчезян менен Пурав Раджа менен күч сынашат.

Өкмөттүн укуругу узун

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары депутат Акматбек Келдибековдун камакка алынышын №1 жаңылык кылып жазып чыкты.

Келдибеков Акматбекке Соцфонддун төрагасы болуп турганда 21 млн. сомду негизсиз коротуп, 2003-2004-жылдары мамлекеттик казынадагы салыктан чогулган акчанын 10 млн. сомун кыянаттык менен пайдаланган деп айып коюлганы боюнча оюн сурап “ПолитКлиника” гезити айрым кишилерге суроо салды.

Депутат Туратбек Мадылбеков: Эгер коррупция боюнча иш козголсо, анда Жогорку Кеңештин макулдугунун кереги жок,-деп;

Саясый эксперт Бакыт Бакетаев: Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү баштады. Канча жыл өтсө да, кимге болбосун кылмыш иши козголуп жатат. Эми күч органдары таянган документтер далилдүүбү же андай эмеспи, кеп ошондо,-деп;

“Республика” фракциясынын башчысы Назарали Арапбаев:- Негизи эле депутаттын статусуна ылайык, өтө оор кылмыш кылганда гана камаш керек. Азырынча эч нерсе айталбайм,-деп;

Саясатчы Азимбек Бекназаров:- Коррупция боюнча иш козголду. Башка эч кандай маалымат берген жок,-деп;

Саясый эксперт Марат Казакпаев:- Мурунку кызматтагы иштери боюнча камалыптыр. Коррупция боюнча күнөөлүү экенине мен ишенем. Себеби Салык кызматын башкарып турганда, спикер болуп турганда күч органдары текшерген,-деп;

“Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев:- Менде толук маалымат жок. Бирок кимдир бирөө качандыр бир мезгилде кылмыш кылса, мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал эч кандай жол менен мындан качып кутулбашы зарыл,-деп жооп берди.

“Асман press” гезити “Ыплас адамдардын буйрутмасын аткаргандыгы жана коомчулукка жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн Аскар Салымбеков “Майдан Kg” гезитин сотко берди” деп кабарлады.

Депутат Ташполот Балтабаев ушул гезитке берген маегинде коррупцияга каршы аракеттер жүрүп жатканын, эгер Атамбаев коррупционерлерди тандап камабай, өз айланасындагы коррупционерлерди камай баштаса бул күрөштө тарыхта калуу шансы барын айтуу менен “Карышкыр” деген каймана аты бар Мурсалим Өмүрзаков аттуу “Мыйзамдуу ууру” даражасын алып келген кыргыз жигити түздөн-түз Батукаевдин оң колу экендигин, анын өлкөгө келиши Батукаевдин системасынын уланышы дегендик болорун белгиледи.

“Учур” гезити “Чындык” партиясынын төрагасы Кубаныч Кадыровдун президентти сынга алган “Атамбаев “заложник” болуп калды” деген аталыштагы интервьюсун жарыялады.

“Мегакомду” уурдатпайлы!” деген ат менен абакта жаткан Алмаз Абековдун каты жарыяланды. Абеков катында: Мен эмнеге каршымын? Жалган айып такканга каршымын. Мыйзам чегинен чыкканга каршымын. Саясый ураанга жамынып, тымызын эл байлыгын уурдаганга каршымын. Калың элге ачык айтам: 1 жылга жакын иштеген убагымда мен “Мегакомго” же Кыргызстанга зыян боло турган эч нерсе жасаган жокмун. Аман-эсен чыгып, Кудайым күч-кубат берсе, Кыргызстанда эң алдыңкы билим берүү системасын курам” деп жазды.

“Айат” гезити "Теңир-Тоо ынтымагы” коомунун жооптуу катчысы Ишенбек Осмоновдун жүрөк оорулуу Жаркынайга жардамын берген депутат Карганбек Самаковго ыраазылык билдирген катын тартуулады.

Ушунун эле алдына журналист Балбак Түлөбаевдин энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге салам каты жарык көрдү. Катта министр жетектеген энергетика тармагында коррупциялык иштер бүтпөй койгонун, Бакиевдерге шылтайлы десек, алардын качканына үч жол болгонун эске салды.

Орустарга 1 долларга сатылып жаткан “Кыргызгаз” ишканасына карата журналист Бурул Мусабекованын макаласы жарык көрдү. Айрым жарандар бул боюнча ойлорун билдирди.

Тимур Саралаев:- “Кыргызгаз” ишканасы эмне себептен пайда алып келчү ишкана болбой жатканына таң калам. Жабдуулары эски же дагы башка себептерди айтышат. Ошол эле убакта кызматкерлери 40-50 миң сомдон айлык алышат,-деп;

Алишер Мамасалиев:- Өкмөт сунуштаган бул макулдашуу улуттук кызыкчылыкка туура келбейт,-деп;

Шаирбек Маматокторов:- Булар бир күндүк саясатчылар! Кашыктап чогулткан көз карандысыздыкты чөмүчтөп саткан сатылма, жегич чыккынчылар!-деп;

Болот Абдыжапаров:- Кыргыздар же өзү жебей, же башкага жедирбей чөптүн үстүндө жаткан итке окшобошу керек. "Газпромго" берип тармакты сактап калбаса карызга кокосунан баткан “Кыргызгазды” сактап калуу мүмкүн эмес,-деп жооп берди.

Сирияга кетти делгендердин тагдыры белгисиз

Сирияда согушуп жаткан борбор азиялыктар. (Фейсбуктан алынды)

Сирияга кетти делген Жалал-Абаддын Сузак районундагы алты тургундун дайын-дареги чыкпай жатат.

Ал арада Кызыл-Кыядан Сирияга барды деп айтылып жаткандардын жетөө кайтып келгени такталды.

Көз жашы көлдөгөн эне

Сирияга кыргызстандыктар да жөнөп жатканы ушул жылы жазда маалым болгон. Августта атайын кызмат Кыргызстанда террор уюштурууга камынып жаткан деген шек менен үч адамды кармаган. Алар Сирияга барып келгени анык болгон.

Сирия, 9-октябрь, 2013-жыл
Сирия, 9-октябрь, 2013-жыл
Сирияда болушу мүмкүн деген сузактык алты баланын бирөө мындан беш-алты ай мурун апасына телефон чалган экен. Уулуна санаасы тынбай, көз жашы кургабаган, атын атабоону өтүнгөн бул аял баласы эки жылдай илгери иш издеп Орусияга кеткенин айтып берди:

- 1991-жылкы балам достору менен кеткен болчу. Бир айдан кийин акча жөнөттү. Андан бери акчасы эмес, өзү да жок. Беш айдай мурун телефон чалган, “мен жакшымын, кыжаалат болбогула, Кудай кааласа барам” деп айткан. Ошондон бери дайыны жок. Узун номер менен чалды. Биз ошол номурга кайра чалсак алган жок. Сузактагы УКМК кызматкерлерине ал номурду жазып бергенбиз. Телефон чалса айтыңыз дешкен эле, балам телефон чалбай жатат. Уулум менен кеткен беш баладан да дайын жок.

Бул үй-бүлөнүн оокат-мүлкүн карап, турмуштары өп-чап экенин байкаса болот. Кичүү баласы Орусияга атасынын айынан кеткен экен. Ошол учурда кырсык басып, атасы киши өлтүрүүгө катышкан деп соттолуп жаткан:

- Жамандыктын артынан жакшылык келер деп отурабыз. Атаң ушундай болуп калды, акча керек десек, болуптур деп Орусияга кеткен эле. Билбейм, балам балким алданып калдыбы... Азыр бир балам эле иштейт, ошонун тапканы менен эле жашап жатабыз.

Күч органдарындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын маалымдашынча, Сирияга кетти деген сузактык алты баланы Орусиядан кайсы бир топтор азгырып, Түркия алып кеткен. Ал жактан Сирияга жөнөткөн.

Кызыл-Кыядан кеткендер кайтып келди

Ал арада ишенимдүү булактар Сирияга кетти деген кызылкыялык жети адам кайтып келгенин тактады. Бирок алар Сирияга барбаганын, Түркияда гана диний билим алып келгени тууралуу көрсөтмө берүүдө. Жазында бул балдардын тууган-туушкандары Сирияга кеткени тууралуу депутаттарга, атайын кызматка арызданган болчу. Текшере келгенде балдар радикал салафизм агымына таандык китептерди окуганы, Дамаскка өкмөтчүл күчтөргө каршы күрөшүп жаткандарды колдогон топтор менен кат алышып-беришкени, Сирияга бара турганы тууралуу айткандары аныкталган. Бул балдардын өздөрү менен байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.

Ушул жылдын сентябрь айында Ошто Сириядан келди делген кыргызстандык эки, казакстандык бир жаран камакка алынган болчу. Атайын кызмат аларды террордук топ деп атаган жана Эгемендик күнүндө, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда Бишкекте, Ошто теракт жасамак болгону тууралуу шардана кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү азыр бул иш боюнча тергөө аяктай электигини билдирди:

- Аларга Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча терроризм деген айып тагылган. Тергөө иштери бүткөндөн кийин сотко өткөрүп беребиз. Ушул жылы биз атайын иш-чаралардын негизинде эки жараныбызды Сириядан алып келгенбиз. Алар согушабыз деген максатта кетишкен. Бир топ жарандарга тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик менен чогуу аракет кылып жатабыз. Канча адам Сирияга кеткени тууралуу так маалымат айтыш кыйын. Анткени жарандарыбыз Сирияга түз кетпей, транзит өлкөлөрдү колдонуп жатат. Ушундан улам эсепке алуу татаал болуп жатат.

Өткөн айдын этегинде Кызыл-Кыядан Сирияга согушка кетти деп айтылган балдардын бири каза болгондугу кабарланган. Бирок бул маалымат деле расмий тастыкталган эмес эле.

Келдибеков иши: саясат менен коррупциянын аралыгы

Парламент төрагалыгынан кеткен Акматбек Келдибеков митингге чыккан тарапкерлери менен жолугушууда. Ош шаары, 13-декабрь, 2011.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго козголгон үч кылмыш иши боюнча башкы прокуратура парламентте түшүндүрмө берди.

Анда башкы көзөмөл органы коррупциялык схемалардын арты менен курулган “ишкердик империясынын” бетин ачканын жарыялады. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары болсо Келдибековдун камалышын саясий куугунтук катары карашып, бийликке жакпаган саясатчыларга гана тузак ыргытылып жатат деп айыпташты.

Келдибековдун “империясы”

Коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш белгилерин ичине камтыган үч кылмыш иши Келдибеков Социалдык фонддун төрагасы, Салык кызматынын жетекчиси жана парламенттин спикери кезиндеги мезгилдерге туура келет. Башкы прокуратура Келдибеков Социалдык фондду жана Салык кызматын жетектеп турган учурда түзгөн коррупциялык схемалардын көмүскө пирамидасын ачып чыккан.

Баш прокурор Аида Салянова бул үч кылмыш иши боюнча мамлекеттик казынага келтирилген зыяндын өлчөмү тууралуу буларга токтолду:

- Бир эле “Ротак-Бишкек” деген ишкана боюнча Соцфондго 21 миллион сом зыян келтирилгенин айтып жатабыз. Келдибековдун өзүнө караштуу түзүлгөн “Ротак-Бишкек” компаниясы бул Соцфонддун каражатын пайдалануунун өтө чоң жана татаал коррупциялык схемасы болгон. Буга бир нече фирма жана көптөгөн мамлекеттик кызмат адамдары менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тартылган. Анын башында Келдибеков өзү жана анын жубайы Аида Токтоматова турган. Мына ушундай бири-бири менен байланышкан чынжырча аркылуу Соцфонддун акчасы тегеренип турган. Буга биз "коррупция" деген берене менен иш козгодук. Ал эми Салык кызматында турганда “Бизнес партнер” деген компания аркылуу “Аламүдүн базары" жана “Дордой плаза” ишканаларынын 1 миллион 300 миң сомдук салыгы түшпөй калган.

Ошондой эле Башкы прокуратура Келдибеков парламенттин спикери кезинде Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачып, ага бюджеттин он миллион сомун мыйзамсыз жумшаганын таап чыккан. Андагы штаттык бирдиктер мыйзамсыз түзүлүп, мекемени ижарага алууга каражат коротулганы иликтенген.

Ачылып-жабылган иштердин аягы

Соцфонддогу жана Салык кызматындагы фактылар боюнча Келдибековго алгачкы кылмыш иши 2009-жылы эле козголгон. Бирок белгисиз себептер менен аталган иштер аягына чыккан эмес. Бул тууралуу айткан баш прокурор Аида Салянова Келдибековго козголгон кылмыш иши 2010-жылы 7-апрелде жоголуп кеткенин белгиледи. Кийин ал тергөө амалдарынын жүрүшү менен толукталган.

Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев Келдибековго козголгон кылмыш иши 2010-жылдан бери эле бир нече жолу козголуп, кайра токтотулуп келгенин белгиледи:

- 2010-жылы августта мына ошол иштер жандандырылган. Бирок парламенттик шайлоонун алдында Келдибеков депутаттыкка талапкер болгонуна байланыштуу токтотулган. 2011-жылы бул иш кайра иликтене баштап, 2012-жылы 28-сентябрда тергөөдөн кыскартылган. 2013-жылы 11-мартта кайрадан иликтенип, мыйзамсыз кыскартылган деген негизде кайрадан жандандырылган. Мына ошонун негизинде кошумча иликтөө иштерин жүргүзүп отуруп, мына азыр кылмыш ишин козгодук.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары коррупцияга каршы күрөштө башкы көзөмөл органы кадыр-көңүлгө карап мамиле кылып жатканын айыпташты. Анткени айрым бир аткаминерлер кызматтан кетип, бийликтин саясий атаандашына айланган учурда гана кылмыш ишин козгоп, басым көрсөтүү өнөкөтү жүрүп жатканы айтылды. Келдибеков “Кыргызгаздын” сатылышына каршы чыгып, “Кумтөр” маселеси боюнча өкмөт менен макул болбогону үчүн саясий куугунтукка алынууда дешет анын санаалаштары. Ошол эле кезде президенттин командасындагы коррупциялык иш-аракеттери менен коомчулукка белгилүү болгон бир катар аткаминерлерге эмнеге кылмыш иши козголбойт деген маселе кабыргасынан коюлду.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков бул маселе боюнча буларга токтолду:

- Бул жерде коррупцияга каршы күрөшүңөр бир жактуу жүргөндөй болуп жатат. Ашыкча штаттарды ачып, бюджеттин каражатын мыйзамсыз пайдаланды деп Келдибековго айып коюпсуңар. Мына ушундай эле жол менен чек ара кызматында штаттык бирдиктерди киргизип, казынага 40 миллион сом зыян келтирген Токон Мамытовго эмнеге кылмыш ишин ачпайсыңар? Эмнеге тендерлерге өзүнө караштуу компанияларды гана киргизип, бюджеттин каражатын өзүнүн кызыкчылыгына карата колдонуп жаткан вице-премьер-министр Сарпашевге иш козгобойсуңар?

Ушундай талашып-тартышуулардан соң Жогорку Кеңеш депутат Келдибековдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрдү. Ошол эле кезде Келдибековдун жактоочулары бүгүн Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгып, аны тез арада бошотуу талабын коюшту. Түшкө жуук нааразылык акциясынын жүзгө чукул катышуучусу тарап кетти.

Тасмада: Келдибековду колдогондордун митинги, Бишкек, 21-ноябрь

Келдибековду колдогон митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Кара-Кечедеги атышуу криминалдын чатагыбы?

Кара-Кече көмүр кени

Жумгал райондук милициясы Кара-Кече көмүр кениндеги окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, беш кишини убактылуу камады.

Маалыматтарга караганда, Жумгал районунун аймагындагы көмүр кенин иштетүүчү "Беш-Сары" ишканасына көмүр алганы келишкен отуз-кырк чамалуу кишинин ортосунда чатак чыгып, атышууга чейин жеткен жана анда эки киши жабыркаган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын болжолдуу маалыматына караганда, чыр көмүр сатып алууга келген адамдардын кезек талашуусунан чыккан.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын айтымында, азыр козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө жүрүп жатат:

- 2013-жылдын 20-ноябрь күнү кечки саат 4кө чамалаганда Кара-Кечедеги “Беш-Сары” көмүр кенинде атышуу болуп жатат деген маалымат түшкөн. Биздин ыкчам топ барып, качып бараткан кызыл түстөгү унааны кармаган. Унаанын ичиндеги Балыкчы шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган Р.К., Бишкек шаарынын тургуну, 1994-жылы туулган М.Т., Ош облусунун тургуну, 1987-жылы туулган Н.С. жана унаанын айдоочусу, Чаек айылынын тургуну Н.К. аттуу жарандар кармалып, Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кара-Кече кенинде кезек күткөндөр
Кара-Кече кенинде кезек күткөндөр
Милиция тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп, Кара-Кече чатагында жабыркап, Жумгал райондук ооруканага түшкөн эки кишинин аты-жөнүн жашырууда. Маалыматка таянсак, алардын бири бычак, экинчиси ок жеген. Ок тийген адамга кечээ кечинде операция жасалган. Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Салтанат Султанова эки бейтаптын тең абалы канааттандыраарлык деди:

- Экөөнүн тең абалы кечээкидей эле орто. Экөө тең эле кечинде басып келген, бүт суроолорго жооп берген. Бирөөнө түндө операция жасалды. Ок тийгенде чачырап кеткен окшойт, денесинен, башынан, буттарынан баарын тазалап алышты. Азыр туугандары келип Бишкекке алып кетебиз деп жатышат.

Милиция чырды кезек күтүүгө байланыштырганы менен, коомчулукта түрдүү жоромолдор айтылууда. Ал эми Кара-Кечеден көмүр ташып иштеген айдоочулардын көбү “бүгүн айтсак, эртең Кара-Кечеге кирбей калабыз” дешип, микрофонго сүйлөгөндөн баш тартышты. Көмүр кениндеги абалды ысымын купуя калтырууну каалаган жеке ишкер минтип айтып берди:

- Ал жакта башынан эле ызы-чуу. Кылмыштуу топтун көзөмөлүсүз кенге машинелер кирбейт. Кирген күндө деле бир-эки жумалап күтүп жатасың. Бюджеттик мекемелер үчүн сапатсыз көмүр жүктөшөт. "Каралардан" башка Салык кызматы, УКМК тынбай барып турат. Айтор, өзүнчө эле мамлекет, баары башаламан.

Ишкердин ишендиргенине караганда, аталган көмүр кенинде ар кандай шектүү топтордун эле эмес, облустук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин да кызыкчылыктары бар. Бул боюнча “Кара-Кече” филиалынын жетекчиси Белек Саманчиевге кайрылганыбызда, кечээ болгон окуяны айдоочулар арасындагы пикир келишпестик катары эле сыпаттады. Бирок кен тууралуу айтылган башка кептер суу кечпейт деди:

- Эми чатак эмнеден чыкканын так айта албайм. Бирок кенди ар кандай кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт деген калп. Айдоочулар өз ара эле бири-бири менен уруша кеткен болсо керек.

Дагы бир атын жашырган айдоочу болуп өткөн окуя кылмыш топторунун жаңжалы болушу мүмкүн деп божомолдойт.

- Айдоочулар кезек талашса, кол менен эле мушташат да. Аларда каяктагы мылтык? Бул криминалдык топтордун эле чыры.

Азыр милиция атышуунун себептерин, ага кимдер катышканын териштирип жатат. Буга чейин да Кара-Кечеде мушташ чыкканы айтылган. Кыш босогого келип, көмүргө суроо-талап күчөгөнү Кара-Кече көмүр кенине көз арткандар тууралуу каңшаар кептер күчөй баштайт. Негизинен Кара-Кечеде 10дон ашык менчик ишкана иштейт.

Өлкөдөгү ири көмүр казуучу Кара-Кече кенинде 400 миллион тоннадан ашык кара алтын уюп жатат. Кен Кыргызстандын түндүк аймактарын жана Бишкек шаарын отун менен камсыз кылат.

Жамакеев - акыл оюнунун чемпиону

21-ноябрда Орусиядан кармашып урушуу боюнча Азия чемпионатынан кыргыз жигиттери 4 медал утуп келди.

21-ноябрда Казакстандын кубанычтуу кабар келди. Павлодар шаарында өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча Азиянын ачык чемпионатында кыргызстандык Анарбек Жамакеев чоңдор арасында Азия чемпиону аталып, алтын медал тагынды. Кыз-келиндерден Жаңыл Сагынбекова, Лязат Райымбекова алдыңкы орунда.

Өспүрүмдөрдөн Айгерим Адил кызы менен Темирлан Нурбек уулу да байгелүү орундарга талапкер болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, Түркия, Монголия, Кытай, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандын эки жүздөй спортчусу акыл таймашына катышууда. Азия чемпионатына Кыргызстандан 36 тогуз коргоолчу катышып, өлкө намысын татыктуу коргоп жатат. Азия чемпионаты 23-ноябрда жыйынтыкталат.

Калиев Бразилиядагы паралимпиадага барат

Кыргызстандык майып спортчу Эсен Калиев 2016-жылы Бразилияда өтө турган паралимпиадага жолдомо алды. Ал Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өткөн пауэрлифтинг боюнча Азиянын ачык чемпионатында алтынчы орунду ээледи.

Калиев 54 кило салмакта 154 килограмм оордукту көтөрүп, паралимпиада жолдомосунун таламдарын аткарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” алгачкы жолдомонун ээси, эл аралык спорт чебери Эсен Калиев өзү билдирди.

Майып оор атлетчи Эсен Калиев 2012-жылы Лондондо өткөн паралимпиадага да катышкан.

Эрежесиз эр таймаш: Азиянын байгеси

21-ноябрда эрежесиз таймаш, кармашып урушуу боюнча өлкөнүн тандалма командасы Орусиядан олжолуу кайтып келди. 16-ноябрдан 19-ноябрга чейин Нальчик шаарында Азиянын ачык чемпионаты өттү.

Мында Кыргызстандын намысын 8 жигит коргоду. Жыйынтыгында Чолпонбек Байтереков, Азамат Табалдиев, Канат Абдуллаев жана Акматбек Жунусов коло байге утуп келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн башкы устаты Бообек Тотошев маалымдады.

Мында Азия континентинен тышкары Европа, Түндүк жана Түштүк Американын спортчулары да мөрөй талашты. 23 өлкөдөн Кыргызстан командалык эсепте төртүнчү орунду ээледи.

Дүйнөлүк дзюдо таймашы

21-ноябрда кыргызстандык 6 дзюдо чебери Бириккен Араб Эмираттарына барды. 22-ноябрда Абу-Даби шаарында эл аралык гран-при турнири башталат. Бул мелдеште өлкө намысын кимдер коргой турганын “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын жооптуу катчысы Назира Мамырбаева айтып берди.

- Кыз-келиндер арасындагы таймашка Мээрим Момунова, Гүлжаз Саимова жана Ксения Бельдягина катышат. Жигиттерден өлкө намысын Арген Бактыбек уулу, Сержан Абеуов жана Ислам Баялинов коргойт.

Хоккей: Чемпионат башталды

21-ноябрда Бишкектеги шаардык муз айдыңында шайба хоккейи боюнча өлкө чемпионатынын биринчи этабы башталды. Мында Нарындын “Ала-Тоо- Дордой”, Токмоктун “Bulls KG”, Бишкектин “Хан-Тенгри” жана “Локомотив” командалары мөрөй талашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Олимпиада чемпионунун байгесин кыргыз балбандары жеңди

21-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык турнир жыйынтыкталды.

Эки күндүк мелдеште кыргызстандык кыздар Жаңыл Океева, Жеңишкүл Советбек кызы, Аделя Баизова, Жазгүл Аманбек кызы жана башкалар баш байгенин ээлери болду. Оор салмакта гана орусиялык Светлана Трофимова биринчи орунду камсыз кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы калыс Өмүржан Молдодосов кабарлады.

Жигиттерден кыргызстандык Тимур Бекнур уулу, Сыргак Абдраманов, Бакыт Мамадраимов, Улан Жакишев жана Алексей Долгалев биринчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө байгелерди, баалуу сыйлыктарды олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана анын устаты Семен Иткин тапшырды.

Турнирде Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өбекстан жана Тажикстандын чоюн билек балбандары күч сынашты.

"Кылым шамы": запкы көргөн адам реанимацияда

"Кылым шамы" укук коргоо борбору 5 миң доллар талап кылган адамдардан запкы жеген көкжаңгактык тургундун укугун коргоого чакырууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, милициянын кыйноосуна кабылды деген адам учурда оор абалда ооруканада жатат. Бул фактыны Башкы прокуратура иликтөөдө. Эксперттер болсо Кыргызстанда кыйноо боюнча абал оор экенин белгилеп жатышат.

Ош шаарындагы адвокат Назгүл Сүйүнбаева милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылган адам республикалык оорукананын реанимация бөлүмүнө түшүп, оор абалда жатканын, ал жардамга муктаж экенин айтып, 16-ноябрда “Кылым шамы” борборуна кайрылган.

“Кылым шамы” тараткан маалыматка ылайык, көкжаңгактык тургунду милиция кызматкерлери Ошто жана Бишкекте ур-токмокко алышкан. Милициянын запкысына чыдабай акыры өз жанын кыйганга аракет кылган адам агасынын жардамы менен аман калган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө кызыкчылыгына байланыштуу жабыркаган адамдын аты-жөнүн азырынча айтпай турууну өтүндү.

- Жардам сурап кайрылгандар өтө коркуп турушат. Себеби үч күн бою Ошто жер төлөдө, кийин Бишкекке алып келгенде да уруп-сабоону улантып, жигит өз жанын кыюуга аракет жасаганга чейин барган. Ал балага жолугуп, керектүү суроолорду бергенге гана мүмкүнчүлүк болду. Бирок бүгүнкү күндө анын жанына эч кимди киргизбей, дарыгерлердин кароосунда жатат. Анын башына желим баштыкты кайра-кайра кийгизишкен, денесин туш келди ургулашып, тамеки күйгүзүп басышкан.

Абдирасулованын айтымында, милиция кызматкерлери көкжаңгактык тургундан беш миң доллар талап кылышып, агасы аркылуу банктан акча котортууга мажбурлашкан.

- Беш миң долларды булар жабыркаган баланы Ошто кармап турганда талап кылышкан. Бишкектеги агасына телефон чалдырып, "тезирээк акча салып жибериңиз" деп жалдыраганга чейин жеткиришкен. Бизде күбөлөр бар, агасы жүгүрүп жүрүп, акча таап, беш миң долларды банк аркылуу Ошко жөнөткөн. Беш киши жигитти колундагы кишени менен банкка алып келгенде ал жерде иштегендер коркуп, акчаны бербей коюшкан.

Учурда “Кылым шамы” жабырлануучунун адвокатын коргоого алып, окуя боюнча тиешелүү органдарга кайрылышты. Бул фактыны Башкы прокуратура иликтеп жатканын аталган мекеменин маалымат катчысы Сейитжан Апышев билдирди.

- Бул окуяга байланыштуу кайрылуу прокуратурага түштү. Азыр иликтөө жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын айтымында, 2013-жылдын тогуз айында кыйноолор боюнча 208 кайрылуу катталган. Алардын 11и боюнча кылмыш иши козголуп, 8и сотко өттү, 2 кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Башкы прокуратуранын маалыматында, кыйноолор тууралуу кайрылуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында, Кыргызстанда уруп-сабоо фактылары көп учурда жаап-жашырылат.

- Кыргызстанда абал өтө оор. Айрым мамлекеттик кызматкерлер Орусия менен Өзбекстанды мисалга тартышат, ал жакка караганда бизде абал жакшы дегенсип. Биз салыштырганда артка кылчайбай, алдыга кеткен мамлекеттерди мисал кылсак. Экинчиден, адамгерчилик жагынан да аксап атабыз. Көп иштер көмүскөдө калат, ачыкка чыкпайт. Бир гана кыйноонун алдын алуу боюнча жаңы түзүлгөн улуттук борбор эмес, жалпы коомчулук, мамлекеттик кызматкерлер буга көз карашын өзгөртмөйүн маселени чечүү өтө кыйын.

Укук коргоочулардын пикиринде, кыйноо фактыларын кыскартууда сот, прокуратура жана коомчулуктан көп нерсе көз каранды. Ошондой эле айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Адистер кыйноо фактылары кылмышка шектүүлөр кармалган алгачкы учурларда көп катталарын белгилеп келишет. Көбүнесе кыйноо фактылары милиция тарабынан жасалары айтылып жүрөт.

Азиза Абдирсулованын билдиришинче, биз макаланын башында сөз кылган көкжаңгактык жаран тууралуу маалымат келерки күндөрү дагы кененирээк айтылат. Өзбүз айтылган даректеги ооруканага издеп барганыбызда дарыгерлер кыйноого кабылган адам аларга түшпөгөнүн айтышты. Ал эми бул окуяга милициянын катышы бар же жогу прокуратуранын иликтөөсүнөн кийин белгилүү болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG