Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 09:21

Кыргызстан

Көлөкөмдү жайына жөн койгула...

Көлөкөмдү жайына жөн койгула...
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Апта: Кыргыз-өзбек премьерлери кол алышты

Өзбекстан -- Премьер-министр Шавкат Мирзияев Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен кол алышууда. Ташкент, 29-ноябрь, 2013.

Узап бараткан аптада Ташкенде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп, анын алкагында кыргыз-өзбек премьерлери жолугушту.

Мындан сырткары жума ичинде Жогорку Кеңеш “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациялады. Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бийлик жетекчилери менен жолугушууда кескин кадамдарга барарын билдиришти.

Өкмөт башчылар ортодогу "музду эрите" алабы?

28-ноябрда ноябрда Кыргызстандын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ташкенге барды. Бул сапар Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунун алкагында болду. Бирок көптөн бери жолугушпай келген кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кездешип, эки өлкө ортосундагы маселелерди талкуулашты. Алар 2009-жылдан бери өткөрүлбөй калган өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу боюнча да пикир алышкан.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев эки өлкөнүн чек арасындагы макулдашкан бөлүктөрү боюнча документтерге кол коюуга даярдыгын билдирген.

Кыргызстандык эксперт Саламат Аламановдун пикиринде, мындай шартта кыргыз тарап утулуп кала турган жагдайлар бар:

- Чек араны такташууда мына ошол чечилген тилкелер менен чечиле элек тилкелердин бири-бири менен байланышы бар. 2006-жылы да мына ушундай сунуш чыкканда биздин кызыкчылыкты караган талаптар эске алынбаса, кол коюуга барбайбыз деп койгон элек. Бул жолу Ташкен мына ошол биз койгон талаптарды аткарууга бара турган болсо, анда албетте макулдашылган чек ара сызыгын бекитүүгө макул болуу керек. Бирок мына ошол мезгилден бери чек араны тактоо боюнча жагдайлар өзгөргөн жок. Ошондуктан кыргыз тараптын талаптары аткарыла турган шартта гана маселени терең талдап, келишимге кол коюуга баруу зарыл.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары чечүүнү көздөгөн маселелердин катарында соода, өткөрмө бекеттердин туруктуу иштеши бар. Чек арадагы бир катар ок атуу жана киши өлтүрүүлөргө байланыштуу быйылкы жылы эки өлкөнүн бир канча чек ара бекеттери жабылып, элдин каттоосу кыйындаган. Соода байланышта да эки өлкө артка кетип жатканы маалым. Кыргызстандын газды Орусиядан алуу чечими да эки тараптуу соодага дагы бир сокку болуп каларында шек жок.

Анткени Кыргызстандын электр энергиясынан Ташкендин баш тартуусу кезинде мына ушундай жараяндардын башаты болгон.

Эки өкмөт башчынын Ташкендеги жолугушуусу ортодогу оор маселелерди чечүүгө жардам берер-бербесин мезгил көрсөтөт. Анткени буга чейин да кол берип, кучак жайып учурашуулар болгону менен алдыга жылуулар болбой келгенин тажрыйба көрсөтүп келет.

Парламент "Кыргызгазды" бир долларга сатууну колдоду

Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациялады. Парламент жакынкы жыйындарында аны экинчи жана үчүнчү окууда карамакчы.

Парламент ратификациялай баштаган бул келишимге кыргыз жана орус өкмөттөрү быйыл 26-июлда жетишкен. Келишим ишке кирсе “Газпром” “Кыргызгазга” толук ээлик кылат жана Кыргызстанды газ менен камсыздоо милдетин мойнуна алат. Ошондой эле газ инфраструктурасына 20 млрд. рубль инвестиция салат. Кыргыз бийлиги Өзбекстан жана Казакстандан газ суроо милдетинен кутулат.

Бир долларга сатылган “Кыргызгазды” Кыргызстан 25 жылдан кийин кайтарып алууга укуктуу болот. Бирок анын баасы ал учурда 1 доллар болобу же 1 млрд. доллар болобу белгисиз. Анткени кыргыз тарап кайтарып алгысы келсе “Газпром” кетирген чыгымды же салган инвестицияны төлөп берүүгө тийиш. Бул шарт келишимдин 11-беренесинде белгиленген.

Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келери да айтылды. Маселен депутат Улукбек Кочкоров мындай жүйөлөрүн келтирди:

- Энергетикалык коопсуздук, экономикалык коопсуздук - улуттук коопсуздуктун негизи болуп эсептелет. Өзүнүн коопсуздугун, келечегин ойлогон мамлекет өзүнүн энергетикалык коопсуздугунун негизин түзгөн маселелер боюнча диверсификациялоо иштерин жүргүзүш керек эле. Кыргызстандын эртеңки күнкү келечегин ойлой турган болсок, бул маселеге биз өтө кылдат болушубуз керек. Менин оюмча, “Кыргызгаздын” контролдук пакетин биз инвесторго берип, калганын алып калышыбыз керек эле.

КСДП фракциясынын өкүлү Исмаил Исаков болсо “Кыргызгаздын” сатылышы менен анын ичиндеги коррупциялык кылмыштар да жабылып кетет деген чочулоосун билдирсе, башкалар Орусия газ маселесин саясий максатта пайдаланышы мүмкүн деген пикирин айтты.

Азыркы кезде “Кыргызгаздын” карыздары 49 млн. доллар болуп, алар коррупциялык жолдор менен талап-тонолгон деп шектелүүдө. Тартип коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери да жүрүп жатканы маалым.

“Кыргызгазды” “Газпромго” берүүнү колдогондор Орусия стратегиялык өнөктөш экенин, Кыргызстанда газ кен байлыгы жоктугун, кошуна мамлекеттер менен газ боюнча сүйлөшүүлөр жеңил болбой келгенин жана Кыргызстандын газ инфраструктурасы эскилиги жетип бүткөнүн айтып чыгышты.

Алардын бири депутат Азамат Арапбаев болду:

- Орусия биздин өнөктөш. Ошондуктан коркпой эле бул кадамга барышыбыз керек. Эгерде бул кадамга барбасак, кошуна Өзбекстан айтып бергис өнөктөш болуп жатат. Каалаган мезгилде өчүрүп, кааласа... Мына түштүктө эмне абал болуп жатканын көпчүлүк депутаттар билип жатат. Чек араларда каалаган жагынан тор зым тартып, кээ бирде үйдүн ортосунан зым тартып коюп жатат. Бир тараптуу түрдө. Мындайлар айтып бергис өнөктөш. Андайлардан кетишибиз керек.

Мына ушундай пикирде болгон депутаттар көпчүлүк болгондуктан келишим 65 добуш менен ратификацияланды.

Келдибековдун тарапкерлери кескин кадамдарга барарын эскертти


Узап бараткан жумада Акматбек Келдибековдун камакка алынышына байланыштуу карама-каршылыктар токтогон жок. Келдибековду коргоо комитетинин өкүлдөрү Бишкекке келип, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев менен жолугушту. Алар Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылбаса кескин кадамдарга барарын билдиришкен.

Бийлик башчылары менен жолугушкан Абдимухамбет Кутбидинов буларды айтат:

- Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен чыгарып бербесе, булардын өздөрүнүн шору. Эгер эл көтөрүлсө, кармап кала алышпайт. Эл жол тосот жана башка айтылган бардык кадамдарга барат. Административдик имараттар, райондук, облустук акимчиликтер басып алынат. Бул кадамдарга барбаш үчүн президентке, премьер-министрге жана башкаларга жолугуп, биздин талаптарды билдирип келгиле деп, эл бизди жөнөттү.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери анын камалышы саясатка гана байланыштуу деп эсептөөдө. Алар Келдибеков Кумтөр жана “Кыргызгаздын” сатылышы боюнча бийликке каршы позицияда болгонун мисал келтиришет. Белгилеп кете турган нерсе, Акматбек Келдибеков оппозициялык фракциянын лилдерлеринин бири. Ал ошондой эле келечектеги президенттик шайлоолорго активдүү даярдык көрүп келаткан саясатчылардын бири экени жашыруун эмес.

Бийлик өз кезегинде Келдибековдун камакка алынышын жалпы коррупцияга каршы күрөштүн бир көрүнүшү катары көрсөтүүдө. Баш прокурор Аида Салянова Келдибековго 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылганын билдирген.

Адвокат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, депутатка каршы козголгон кылмыш иштер шоона эшпейт. Маселен ал 2005-жылы “Ротак-Бишкек” фирмасына 24 млн. сом которууга Келдибеков эле эмес, азыркы каржы министри Ольга Лаврованын көбүрөөк тиешеси бар экенин билдирет. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачууну өкмөт менен макулдашып, жалпы парламент чечкен маселе катары көрсөтөт.

Өлкө башчысы 29-ноябрда күч структураларынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Президент анда тартипти жана туруктуулукту сактоодо катуу чаралар көрүлүш керектигин билдирген. Президенттин күч структуралары менен кеңешмеси Ысык-Көлдөгү резиденцияда өттү. Ысык-Көлдөгү Саруу айылында кырдаал турукташа элек. 28-ноябрда Кумтөргө тишелүү эки автоунааны токтотуп, айдап кетишкен. Кийинчерээк бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен кайтарылган.

29-ноябрда саруулуктар менен “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттары жолугушту. Ага катышкан депутат Жоомарт Сапарбаев саруулуктардын талаптарын билдирди:

- Беш башкы талап коюлуптур. Биринчиси, Эмил Каптагаев кызматынан бошотулсун деген. Экинчиси, Каракол шаарында митингге катышкан адамдарды УКМК куугунтуктап жатат, ошол токтотулсун деп атат. Үчүнчүсү, соттолуп жаткан балдардын сотун тездетип, тагдыры тезирээк чечилсин деп атат. Төртүнчүсү, куугунтук токтотулсун. Бешинчиси, Саруу айылында ызы-чуу болгондо талкаланган обьекттер оңдолуп, материалдык зыяндар төлөнүп берилсин деп жатышат.

Саруулуктар акцияларын абактагы жердештери бошогонго чейин токтотпосун билдиришкен.

Тергөө абагынын башчысы камалды

Марс Жусупбеков маалымат жыйынында.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков эки айга Улуттук коопсуздук комитетинин абагына камалды.

Эки жыл мурда Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО) жетекчи болуп дайындалган Марс Жусупбеков абакта бекем тартип орноткон жетекчи катары айтылып келаткан болчу.

Жусупбеков эки берене боюнча айыпталууда

Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков 29-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган) жана 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан) боюнча шектүү катары кармалды.

29-ноябрда Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалды.

Атайын кызмат маалымдагандай, Жусупбеков Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин негизинде кармалган.

Ал эми Башкы прокуратурадагы ишенимдүү булактардын билдиришинче, кылмыш иш №1 тергөө абагында тартылып, сентябрь айында коомчулукка жарыя болуп кеткен тасмадагы фактылар боюнча козголгон. Ал тасмада 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана башка бир канча адам абактын ичинде Орозо айтты берекелүү жайыл дасторкондун үстүндө белгилеп жатышканы түшүрүлгөн. Тасмадан 5-6 адам манты жеп, бири-бирин Айт менен куттуктап жатканын, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Тасма 8-августта тартылганы белгиленет.

Бул тасмада Абдулла Юсупов менен Дастан Оморовдон тышкары, өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоев деген адам түшүрүлгөнү айтылган. Өмүр бою соттолгон адамдын башкалардын, дегеле ар башка камерада отургандардын бири-биринин камерасына киргенин ырастаган бул тасма коомчулукта чоң талкууну жараткан болчу. “Азаттыктын” ишенимдүү булагынын билдиришинче, бул окуя боюнча октябрдан бери териштирүү иштери жүрүп жаткан.

Жогорудагы тасма алгач ачыкка чыккан соң маалымат жыйынын өткөрүп, Жаза аткаруу кызматын айыптаган “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков буларды билдирген:

- Мен мындан бир жарым ай мурда Жогорку Кеңеште бул боюнча маалымат жыйынын өткөргөм. Ошондо мен Абдулла Юсупов каалаган учурда, каалаган камерага кирет, жанында дайыма каалаган суммадагы акча жүрөт деп айткан болчумун.

Тартип орноткон адам катары айтылып келаткан

Ал эми Жаза аткаруу кызматынан Жусупбековго козголгон иш боюнча кандайдыр бир комментарийди кийинчерээк беришерин билдиришти. Анткен менен коомчулукта Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков аталган абакты тартипке келтирген жетекчи катары таанылган.

Түрмө жетекчиси катары Марс Жусупбековдун ысымы коомчулукка алгач 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын абак жайларында кармалып тургандар жапырт ачкачылык жарыялашканда белгилүү болгон. Анда Жусупбеков Бишкек СИЗОсунда кармалгандардын ачкачылык жарыялоосунун артында кримтөбөлдөрдүн абак жайлардагы камераларды ачык коюу талабы жатканын, бирок ал талаптар аткарылбай турганын кескин билдирген.

№1 СИЗОдо отургандардын 700 чактысы ушул апта башында да бир күн ачкачылык жарыялашкан. Жусупбеков бул сапар да ачкачылык жарыялагандар кримтөбөлдөрдүн бири Алмаз Сулаймановду 50-абактан ушул №1 СИЗОго которуп берүү талабын коюп жатышканын "Азаттыкка" айткан.

- “Лимонти” каймана аты бар Сулаймановду алып келсек, абакта эркин басып жүрөбүз деп ойлоп жатышат. Биз буга чейин камералардын баарын жаап, эркин басууга тыюу салганбыз, абактагылардын 99% муну колдойт, 1% гана акча түшпөй калганы үчүн нааразы болуп атышат. “Лимонти” - Камчы Көлбаевдин тобундагы жигит. Абактагылардан акча алышат, бербесе уруп, өлтүрүп да коюшат. Азыр түрмөлөрдө Көлбаевдин таасири күчтүү, ошол кармайт.

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир жарым миңге жакын адам, анын ичинде өмүр бою соттолгондор да кармалып турат. Мурда-кийин №1 тергөө абагында отуруп чыккан адамдардын айтымында, бул тергөө абагы кримдүйнө үчүн чоң мааниге ээ. Анткени ар кандай кылмыштар боюнча айыпталган адамдар алгач бул жерге түшкөн кезде кримдүйнө мүчөлөрү аларды болушунча “саап” калууга аракет кылат дешет.

Марс Жусупбеков камакка алынды

29-ноябрда Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековду камакка алышты.

Кабарларга караганда, Жусупбеков Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренесинде (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) каралган кылмыштарга шектүү катары кармалды.

Түрмө жетекчиси катары Марс Жусупбековдун ысымы коомчулукка алгач 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын абак жайларында кармалып тургандар жапырт ачкачылык жарыялашканда белгилүү болгон. Анда Жусупбеков Бишкек СИЗОсунда кармалгандардын ачкачылык жарыялоосунун артында кримтөбөлдөрдүн абак жайлардагы камераларды ачык коюу талабы жатканын билдирген.

СИЗОдо отургандардын 700 чактысы ушул апта башында да бир күн ачкачылык жарыялашкан.

Марс Жусупбеков 26-ноябрда ачкачылык жарыялагандар кримтөбөлдөрдүн бирин СИЗОго которуп берүү талабын коюп жатышканын "Азаттыкка" айткан эле.

Бир жарым миңге жакын адамды батырган Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков кечээ эле (29-ноябрда) "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, тергөө абактары 2011-жылга салыштырмалуу ирээтке келип калганын айткан эле.

- Телефондор абакка ар кандай жолдор менен кирип кетет. Бизде иштеген 230 киши күн сайын текшерип турат. Азыр мурдагыдай кыздар кирбейт. 2012-жылга чейин камералардын эшиги ачык болуп келген болсо, азыр баары жабык. Баягыдай “общяктардын” деле таасири азайды. Маңзаттарга да каршы иштерди жүргүзүп турабыз.

Science: Кыргыз-индеец түбү бир

Сүрөт Уикипедия сайтынан алынды

Индеецтер менен батыш евразиялыктардын гендеринде көп окшоштуктар табылды.

Индеецтер менен кыргыздардын тууганчылыгы аныкталды. Түндүк жана Түштүк Американы байырлаган индеецтер, же түпкүлүктүү америкалыктар менен кыргыздар кирген батыш евразиялыктардын митохондриялык ДНКсында көп окшоштуктар бар экени маалым болду. Бул тууралуу Science онлайн журналы жазып чыкты.

Сибирдеги Байкөлдүн жээгинде Муз доорунда 24 миң жыл мурда жашаган баланын сөөгү табылган. Табылган скелет аба ырайынын сууктугуна байланыштуу жакшы сакталып, кол сөөгүндөгү чучук клеткалары тыкыр изилденген. Жүргүзүлгөн анализдердин негизинде, генетиктер азыркы түпкүлүктүү америкалыктар менен батыш евразиялыктардын игрик (Y) хромосомасында көп окшоштуктарды табышты.

Индеецтер Батыш Сибирден Бериң кысыгы аркылуу Түндүк Америкага жер которгону маалым болгону менен, азыркы күнгө чейин алар кайсы калктан бөлүнүп чыкканы белгисиз болчу. Байыркы кыргыздар исланддар, викингдер, кельттер жана мажарлар менен да тууганчылык байланышы бар деген гипотезалар арбын.

Тираннозавр.
Тираннозавр.
Динозаврдын жаңы түрү табылды

Муз доорунан мурдагы тарыхка учкай көз чаптырсак, америкалык палеонтологдор, же динозавр таануучулар, илимге белгисиз динозаврдын сөөгүн табышты. Сиатс мээкерорум (Siats meekerorum) аттуу динозавр Түндүк Американы байырлаган экинчи эң чоң жырткыч деген наамга талапкер.

Жаңы табылган жырткыч динозавр азыркы Юта штатында 98 миллион жыл мурда жашаган. Сиатс мээкерорумдун баласынын бою 9 метр жана салмагы 3.5 тоннага жеткен, ал эми чоңунун бою 12 метрге жетип, салмагы 6.5 тоннадай болгон.

Жаңы скелет табылганга чейин динозаврлардын эң жырткычы тираннозавр болгон деп айтылып келген. Динозавр таануучулар сиатс мээкерорум тираннозаврды жеп, жан баккан деген тыянакка келишти. Демек жаңы табылган динозавр Түндүк Американы байырлаган эң жырткыч жаныбар болгон. Динозаврлар 66 миллион жыл мурда толугу менен жок болуп кеткен.

ВИЧке селен шыпаа

ВИЧ–1 вирусу.
ВИЧ–1 вирусу.
Иммунодефицит вирусун же ВИЧ илдетин дарылоодо мультивитаминдер менен кошо селен затын ичкен бейтаптарда вирус өрчүшү басаңдап, иммунитети жакшырып, оң натыйжа берди.

Африканын Ботсвана өлкөсүндө ВИЧке жаңыдан кабылган 878 адам экспериментке катышып, мультивитамин жана селенди кошо ичкен бейтаптарда вирустун жайылуусу басаңдаган. Эки жума мурда ВИЧти дарылоодо антиретровирустук терапия менен кошо чучук клеткаларын саюу жигердүү экенин генотерапевттер аныктаган.

СПИД борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандардын саны 1-ноябрга карата 5060ка жеткен. Алардын ичинен 809 киши каза болгон. Ооругандардын 485и 14 жашка чейинкилер.

Кошумчалай кетчү нерсе, селен рак илдетине каршы да колдонулат. Жоон ичеги жарасы, уйку без шишигин жана өпкө рагын дарылоодо да кеңири колдонулат. Ал эми Бостон университетинин окумуштуулары күмүштүн органикалык туундулары антибиотиктен миң эсе күчтүү экенин аныкташты.

Жасалма көз, Дүссельдорф, Германия, 12-декабрь 2012-ж.
Жасалма көз, Дүссельдорф, Германия, 12-декабрь 2012-ж.
Ал ортодо Австралиядагы илимпоздор бионикалык көз ойлоп табышты. Жасалма көздү сокурлардын 85% колдонсо болот. Бионикалык көздөгү чип мээнин көрүү кабыгына туташтырылып, ал чип зымсыз визуалдык кабыкка сигнал жөнөтүп, көрүүнү активдештирет. Бул жабдуу тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин, сатыкка коюлат.

Космос мейманканасына кош келиңиз!
Жердин космостон тартылган эң тунук сүрөтү, 31-июль 2007-ж.
Жердин космостон тартылган эң тунук сүрөтү, 31-июль 2007-ж.

Туризм тармагында кабарларга келсек, Жердин орбитасындагы алгачкы мейманкана үч-төрт жыл ичинде ишке кирет. Орусиялык "Орбитальные технологии" жеке ишканасы космостук мейманкананын долбоорун иштеп чыгууну баштады. Жада калса, алгачкы кардарлар менен келишимдер түзүлдү.

Ишкананын жетекчиси Сергей Костенконун айтымында, чоң терезелүү төрт бөлмөлүү космостук отель жети конокко ылайыкташтырылып курулат. Андан тышкары алгачкы космостук мейманкана чукул же авариялык кырдаалдарда Эл аралык космос бекетинин кошумча базасы катары кызмат кылат. Орусиялыктар менен бирге Американын "Бигелоу Аэроспейс" компаниясы дагы планетабыздын орбитасында 2016-жылга чейин космостук мейманкана курууну пландап жатат.

Марс планетасындагы тоо-кыркалар, 23-август 2013-ж.
Марс планетасындагы тоо-кыркалар, 23-август 2013-ж.
Марокколук адам Сахара чөлүндө кокустан тапкан кара сыйгалак таш - Марстан келген метеориттин калдыгы болуп чыкты. Жерде мурда Марстан келген 125 калдык табылган. Алардын курагы бир миллиард жыл болгон.

Ал эми жаңы табылган кызыл планетанын ташынын курагы 4.4 миллиард жыл экени аныкталды. Анын курамында циркон (цирконий эмес) кристаллы жана мурдагы табылган таштардан 10 эсе көп суунун изи табылды.

Астероид жана метеориттердин калдыктары зергечиликте бийик бааланат. Сахарада табылган Марстын кара ташынын бир граммы 10 миң доллар.

Соода жайлардын салыгы сол чөнтөккө солондубу?

"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат.

Кыргызстандагы ири базарлар боюнча айрым салык кызматкерлерге кылмыш иш козголду.

29-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы салыкчылардын айынан өлкө казынасына миллиондогон сом түшпөй калганын айтып чыкты. Салык кызматы болсо дооматты негизсиз деп эсептейт.

Соңку кездери "Дордой", "Мадина" жана "Кара-Суу" өңдүү базарларда соода да жайлаганы маалым.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы “Дордой” базарын үч ай иликтеген экен. Кызматтын жетекчиси Бактыбек Ашыровдун билдиришинче, анын жыйынтыгында салыкчыларга “кызмат укугунан аша чапкан” деген айып менен кылмыш иш козголду:

- Биз базарда көптөгөн ишкерлер патентке акча төлөбөй турганын анализдеп чыктык. Муну Эсеп палатасы да тастыктады. Буга салык кызматкерлери өздөрү жардам берген. Биз аларга кылмыш иш козгодук. Биздин эсеп боюнча, маселен, 2012-жылы "Дордой" базарынан эле 280 миллион сом түшкөн эмес. Салыкчылардын айынан кээ бир ишкерлер такыр эле салык төлөгөн эмес, кээ бирлери теңин эле төлөгөн. Ушундай эле иштерди "Мадина", "Кара-Суу" базарларында жүргүздүк. Азыр анын тыянагын чыгара элекпиз, ага да юридикалык баа берилет. Чет өлкөлүктөр тууралуу да айтса болот. Соода кылууга уруксат алып, бир айга гана патентке акча төлөп коюп, калган айга төлөбөйт. Салык төлөбөгөн чет өлкөлүктөр да көп экенин аныктадык. Биз бул багытта ишибизди улантып жатабыз.

Салыкчылар мындай дооматты четке кагып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын эсебине ынабай жатат. Салык кызматынын башкы инспектору Муратбек Жамакеев кылмыш иш козголгондор тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн айтууда:

- Эгер кылмыш иш козголсо, ошол инспекторлор иштен убактылуу кетиши керек болчу. Азыр жумуштан бирөө да четтетиле элек, анан булар кантип айтып жатканы түшүнүксүз. Бизге ушул инспекторго иш козголду, иштен четтеткиле деген бир да расмий кат келе элек.

Ушул жазда Салык кызматы "Дордой" базары боюнча жумушчу топ түзгөн болчу. Ага аталган кызматтан сырткары Каржы министрлигинин, Бишкек шаар бийлигинин жана базар администрациясынын өкүлдөрү кирген. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү кошулган эмес дейт Жамакеев:

- Биз булардан кандай кылып текшердиңер элек десек, кечинде барып эле санап койгонбуз дешти. Андай болбойт да. Контейнерлердин иштеп атканы, иштебей турганына караш керек болчу деп биз булар менен талашканбыз. Февраль айында "Дордой" 25 миллион сом салык төлөчү, биз мартта рейд кылып текшере баштаганда эле 29,5 миллионго чыккан. Андан бери көтөрүлүп отуруп 32 миллион сомго чыкты. Бирок биз 34 миллионго чейин салык чогултса болот деп жатабыз. Анан орто жолдо балким адам колдуу болуп кетип жатабы? Эгерде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызмат ошондой салыкчыларды кармаса камаш керек деп атабыз. Биз өзүбүз деле андай кызматкерлерге сөгүш жарыяладык, кээ бирлерин алмаштырдык, бирок дагы деле адамдык фактор барбы деп жатабыз.

Бишкек шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы, “Дордой базары” ишканасынын мурунку төрага орун басары Аманбай Кайыпов Казакстан менен Орусия Бажы биримдигине киргенден тарта базарларда соода жайлаганын айтууда:

- Мурун эл товарды унаа менен ташычу, кийин айласы кеткенде кол менен ташыганга өттү. Бул соода кескин азайды дегенди билдирет. Азыр соодагерлер өтө көп кыйынчылыктарды көрүп жатат. Баягыдай соода жок. Казакстанга товар өткөрүү кыйын болуп калды. Эгер Бажы биримдигине өтсөк, реэкспорт андан бетер кыйындайт. Көп контейнерлер жабылып жатат, кээ бирлери кампа эле болуп калды.

"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат. Былтыр казынага 314 миллион сом төккөн. Бирок өкмөт башчы салык көлөмү аз экенин айтып, сынга алган эле.

Абак менен тыш дүйнөнүн мыйзамсыз байланышы

Кыргызстандын жабык жайларында эркинен ажыратылгандар чөнтөк телефон, интернет колдонушат.

Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Майрамбек Акматалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9 айында жаза аткаруу мекемелеринин 9 кызматкерине кылмыш иши козголгон.

Акматалиев алардын ичинен эң оор факты катары түзөтүү колонияларындагы жарандардын мекеме жетекчилиги тарабынан кул катары сатуу аракетин атады. Аталган орган абак жайларындагы мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзөт. Прокурор абак жайларынан жылына 3 миңге жакын телефон алынаарын ачыкка чыгарды.

- Абак жайларында отургандардын телефон колдонгонго укугу жок. Маал-маалы менен текшерүү иштерин жүргүзүп, тыюу салынган буюмдарды алып турабыз. Бир жылдын ичинде 3 миңге жакын телефон алынат. Ал эми "түрмөнүн ичине кыздарды алып кирет, уй саап ичет, чаржайыт басып жүрөт" деген болбогон сөз. Андай фактылар болсо кылмыш ишин козгомокпуз. Бул кылмыштын белгиси да.

Түрмө менен түз байланыш

Деген менен Кыргызстандын жабык жайларында отурган жарандар чөнтөк телефон колдоноору эч кимге жашыруун эмес. Жабык жайлардагы ачкачылык акцияларынын бир убакта башталышы деле телефондук байланыштын бар экенин тастыктап тургансыйт. Сөзүбүз куру болбосун, абактардын бирине 7 жылга кесилген жаран менен телефон аркылуу байланыштык. Ал түрмө ичине телефонду кантип киргизип алганын “Азаттыкка” мындайча ачыктады.

- Бул жактан бизге телефон колдонууга тыюу салышат. Телефонду сырттан бир нерселерге ороп алып келип беришет. Кызматкерлерге көрсөтпөй сүйлөшөбүз. Байкап калышса, изоляторго камап, кошумча жаза чектешет.

Атын атагысы келбеген каарманыбыз абактардагы шарттар мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла оңолгонун айтууда. Сүйлөшүп жатып, анын жакындар менен жолугушуу, телефондук сүйлөшүү укуктары жөнүндө кабары жок экенин байкадык. Баса белгилей кетчү жагдай, маектеш биздин суроолорго атасынын төрүндө жаткандай ээн-эркин жооп берип жатты.

- Бизди врачтар убагы менен карап турат. Сүт жана башка тамак-аштардын баары бар. Бир сөз менен айтканда шарттар боюнча нааразылык жок. Жакындардан “передача” келгенде эмне алып келгенин кагазга жазып беришет. Биз ошол боюнча толуктап алып, кол коюп беребиз. Жолугушууга канча убакыт берээрин деле билбейм. Анткени мага эч ким деле келбейт. Ошондон бери ким келмек эле? Жокчулуктун айынан ушинтип отурам да.

Бир жарым миңге жакын адамды батырган Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков тергөө абактары 2011-жылга салыштырмалуу ирээтке келип калды деген пикирде. Анын ишендиришинче, абактардагы кой үстүнө торгой жумурткалаган заман эчак эле артта калган.

- Телефондор ар кандай жолдор менен кирип кетет. Бизде иштеген 230 киши күн сайын текшерип турат. Азыр мурдагыдай кыздар кирбейт. 2012-жылга чейин камералардын эшиги ачык болуп келген болсо, азыр баары жабык. Баягыдай “общяктардын” деле таасири азайды. Маңзаттарга да каршы иштерди жүргүзүп турабыз.

Өзүн интернетте "эркин" сезгендер

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында “Мегаком” чыры боюнча соттолуп, №1 тергөө абагында отурган Раушан Рыкунова Фейсбук тармагында өзү отураары бир канча ирет жазылган. Бул фактынын чын-бышыгын билүү үчүн Рыкунованын баракчасына салам-дуба жөнөтүп көрдүк эле кыпкыргызча жооп алдык. Телефон номурун сураганымда өзү байланышка чыгарын жазды. Көп өтпөй өзүн Рыкунованын жардамчысы экенин айтып, атын жашырган орус улутундагы адам Рыкунова Фейсбукта өзү отурбасын, ар кандай билдирүүлөрдү, бийликтегилерге карата сындарды жардамчылары аркылуу жарыя кыларын айтты. Фейсбуктагы баракчасы күн сайын жаңыланып турганына караганда анын жардамчылары огеле көп болушу мүмкүн.

Абакта отурган кримтөбөлдөр. Сүрөт качан тартылганы белгисиз
Абакта отурган кримтөбөлдөр. Сүрөт качан тартылганы белгисиз
Бул боюнча тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков буга чейин Рыкуновадан бир канча телефон алынганын, учурда телефонго, интернетке чектөө койгон жабдыктар мекемеге орнотулганын билдирди. Айрым маалыматтарда diesel.elcat.kg сайтындагы форумдун модераторлорунун бири абакта отураары айтылып келет. Демек эркинен ажыратылгандар тыш дүйнө менен да, “каралар” дүйнөсү менен да телефон, интернет аркылуу тыгыз байланышта.

Түрмөлөрдү түрө кыдырган мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун абак жайларына кыздар кирип турат дегенге кошулбайт. Бирок маңзатты түрмөнүн кызматкерлери өздөрү киргизерин жашырбайт.

- Маңзаттар түрлүү каналдар менен кирип турат. Аны токтотуу мүмкүн эмес. Анткени абактын кызматкерлери бул ишке өздөрү аралашат. Алардын айлыктары аз болгондуктан ушул жолго барышат. Маңзатты түрмөдөгүлөргө кымбат баада сатышат. Болбосо абактагылар наркотикти кайдан алышмак эле?

Жабык жайлар тууралуу маалыматтын өзү да жабыкпы, айтор Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Кыргызстанда жалпысынан 33 жабык жай болсо, анда кармалгандардын саны 13 миңге жакын.

Редакциядан: Макала даярдалып жаткан учурда №1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбеков камакка алына элек болчу. Кенен маалыматты бул жерден окуй аласыз.

Бишкек-Ташкен тил табышууга кадам таштады

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары ортодогу орчундуу маселелерди чечүүдө өз ара тил табышууга макулдашты.

Бул боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкенде өткөн жыйналышынын алкагындагы эки тараптын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланды.

Анда чек араны тактоодо, чек ара өткөрмөлөрүнүн толук кандуу иштешин камсыздоодо жана суу-энергетика маселелеринде келип чыккан кыйчалыштыктарды өз ара түшүнүшүү жолу менен жөнгө салуу жагы колдоо тапты. Бирок эксперттер бул маселелерде кыргыз бийлиги менен расмий Ташкендин бир пикирге келиши өтө эле татаал экенинен кеп салышууда.

Ташкендин сунушунда кандай "таклип" бар?

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда эки ортодо топтолгон көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору талкууга алынды. Буга чейин коңшулаш эки мамлекеттин ортосундагы 1200 чакырымга чукул чек ара сызыгы макулдашылган.

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев буга чейин өкмөттөр аралык комиссиянын деңгээлинде такталган чек ара сызыгын бекитүү боюнча документке кол коюуга кызыкдар экенин билдирди. Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев болсо 2009-жылдан бери токтоп калган өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырууну көздөдү.

Ошол эле кезде кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча паритеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов расмий Ташкендин аталган сунушун калчап туруп анан чечим кабыл алууга чакырды:

- Чек араны такташууда мына ошол чечилген тилкелер менен чечиле элек тилкелердин бири-бири менен байланышы бар. 2006-жылы да мына ушундай сунуш чыкканда биздин кызыкчылыкты караган талаптар эске алынбаса, кол коюуга барбайбыз деп койгон элек. Бул жолу Ташкен мына ошол биз койгон талаптарды аткарууга бара турган болсо, анда албетте макулдашылган чек ара сызыгын бекитүүгө макул болуу керек. Бирок мына ошол мезгилден бери чек араны тактоо боюнча жагдайлар өзгөргөн жок. Ошондуктан кыргыз тараптын талаптары аткарыла турган шартта гана маселени терең талдап, келишимге кол коюуга баруу зарыл.

Премьер-министр Сатыбалдиев чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салууда танапташ жайгашкан аймактардагы эки тараптын жергиликтүү бийликтеринин байланышын чыңдоого басым жасады. Анан эки тараптуу соода жүгүртүүнү кеңейтүү жана чек ара өткөрмө бекеттеринин толук иштешин камсыздоо маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуудан жыйынтык болобу?

Кыргызстандын өкмөтүнүн маалымат кызматы жолугушуу өтө жакшы маанайда өткөнү боюнча маалымат таратты. Бирок мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эки тараптын өкмөт башчыларынын бул жолугушуусун жөн гана дипломатиялык сыпайыгерчилик катары сыпаттады:

- Буга чейин деле жогорку деңгээлдеги мамлекет башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин кандай гана жолугушуулары болгон эмес. Кеп мына ошол жолугушуулар кандай жыйынтык бергенинде болуп жатпайбы. Күлүп, жадырап- жайнап тосуп алган менен эч нерсе чечилбейт. Буга карап туруп, эки тараптын өкмөттөрүнүн бул жолку жолугушуусу деле протоколдук мүнөздө болгонун байкоого болот. Ошондуктан мен бул жолугушуудан эч нерсе күтпөйм.

Жолугушууда эки тарап газ, жер семирткич жана суу-энергетика маселелерин чечүүнүн жолдорун талкуулаган. Кыргыз өкмөт башчысы Сатыбалдиев өз ара кызматташтыкты күчөтүү үчүн өзбек кесиптешин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

Анткен менен дипломат Аликбек Жекшенкулов эки ортодо топтолгон көйгөйлөрдү жакынкы келечекте чечүү оор экенине токтолду:

- Эки мамлекеттин ортосундагы суу-энергетикалык, соода-сатык жана чек-ара маселелери боюнча бир пикирге келүүгө эки тарап тең муктаж. Бирок тилекке каршы объективдүү жана субъективдүү себептерден улам азырынча андай болбой жатпайбы. Биринчи кезекте өз ара ишеним калыптанышы керек элек. Эки тарап бирдей чечкиндүү кадамдарга барууга тийиш. Бир гана тараптын каалоосу аздык кылат. Анткени дипломатия деген эки тараптуу жакындашуу да.

Ташкенге болгон сапардын экинчи күнүндө Сатыбалдиев ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 12-жыйналышына катышты. Анда ШКУнун алдында өнүктүрүү банкын түзүүнүн шарттары каралды. Ошондой эле Кытай өкмөтү сунуштаган кызматташуунун “Жибек жолу” долбоору талкууланды.

Каржы министрлигиндеги көмүскө иштердин карааны

Парламент Каржы министрлигин тутумдашкан коррупциянын очогу катары атап, анын каржылык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгын Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Депутаттык жумушчу топ Каржы министрлигиндеги олчойгон маяна же сыйлык акы чегерип алган фактыларды жана көмүскө схемалар аркылуу мамлекеттин каражатын жок кылуунун жол-жоболорун таап чыккан. Каржы министрлиги болсо депутаттык жумушчу топтун дооматтарын негизсиз айыптоо катары четке кагууда.

Акылга сыйбаган сыйлык акы


Каржы министрлигинин ишмердигин текшерип чыккан депутаттык жумушчу топ андагы тутумдашкан көмүскө коррупциялык схемаларды атады. Иликтөө учурунда Каржы министрлигинде атайын каражаттардын эсебин ачып алып, ал аркылуу кызматкерлерге негизсиз эле жерден олчойгон сыйлык акы чегерген жана материалдык жардам көрсөткөн фактылар чыккан.

2013-жылы 18-мартта каржы министри Ольга Лаврова “жылдын бюджет долбоору сапаттуу даярдалды” деген негиз менен кол алдындагыларга алты миң сомдон он эки миң сомго чейин сыйлык акы чегерген. Башка мекемелерден айырмаланып, сыйлык акы так негиздемеси көрсөтүлбөстөн эле ай сайын берилип турган фактылар чыккан.

Ошондой эле кызматкерлердин айлыгына кошумча тамак-аш чыгымы катары ай сайын беш миң сомдон берилип турган. Бул каражаттын бардыгы Каржы министрлигинде мыйзамсыз түзүлгөн атайын каражаттар эсебинен каржыланган.

Коррупцияга каршы туруу боюнча парламент комитетинин мүчөсү, депутат Урмат Аманбаева Каржы министрлиги бир дагы мамлекеттик мекемеде жок шарттарды түзүп алганын белгиледи:

- Мыйзамдын талабын бузуу менен атайын каражаттардын эсебин ачып алып, акчаны кошумча айлыкка жана сыйлык акыга чыгымдашкан. Мыйзам боюнча атайын каражаттардын эсебин ачууга кызмат көрсөткөн гана мамлекеттик бийлик органдарынын укугу болгон. Бирок Каржы министрлиги экономикалык өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыялардын пайыздарынын эсебинен аталган атайын каражаттардын эсебин ачып алганы аныкталды. Башка мамлекеттик мекемелерде кызматкерлер 5-6 миң сом айлык менен эптеп үй-бүлөсүн бага албай кыйналып жатышса, Каржы министрлигиндегилер өздөрүнө олчойгон айлык акы коюп алганы туура эмес. Бюджетте каражат жетишпей жатса, кайсы иши үчүн сыйлык акы жазылган деген суроого жооп жок.

Ошол эле кезде текшерүү учурунда Каржы министрлигинде маяна чегерүүдө же сыйлык акы дайындоодо бирдиктүү көзөмөлдүн жоктугу байкалган. Анткени эмгекке акы төлөө тутумундагы чаржайыттыктан улам министрликтин карамагындагы айрым мекемелерде айлык акыны өздөрү каалагандай коюп алган фактылар калкып чыккан.

“Инфо-система” ишканасында серверлерди карап, жаңы программаларды иштеп чыккан 5-6 программист гана 150 миң сомдук маяна алат.
Министрликтин алдындагы “Инфо-система” мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлерине 150 миң сомго чейин маяна чегерилгени аныкталган. Электрондук документ жүгүртүү аркылуу маалыматтардын коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу бул ишканага мамлекеттик мекеме-уюмдардын жылдык бюджетинин 0,1 пайыз каражаты бөлүнүп турат. Текшерүү жүрүшүндө анын топтолгон жылдык бюджети 124 миллион сомго барабар экени көрсөтүлгөн. Ишкананын борбордук аппаратын жана аймактык бөлүмдөрүн кошкондо анда 82 адам эмгектенет.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева бул боюнча мына буларга токтолду:

- “Инфо-системада” иштеген кызматкерлерге 150 миң сомго чейин маяна чегерүү эмне деген маселе? Мейли, алардын иши заманбап маалымат технологиясы менен байланыштуу экен. Бирок ошондо да мына ушундай өлчөмдө маяна коюлбашы керек эле да. Аталган ишкана бюджеттин айкындуулугун камсыздайт деп түзүлгөн экен. Бирок учурда анын кызматынан пайдаланып, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жакшырып калды дегенден алысмын. Ар бир демилге акылга сыярлык болушу керек да. Эгерде мына ошол маалымат системасынын негизинде бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзам бузуулар табылып, желип кеткен каражаттар ордуна коюлуп жатса башка кеп.

Жапаров: жүккө жараша акы

Анткен менен депутаттык жумушчу топ текшерүү учурунда таап чыккан фактыларды Каржы министрлиги четке кагууда. Министр Ольга Лаврова парламентте Каржы министрлигинин эмгекке акы төлөө системасы мурдатан бери калыптанганын айтты. Мамлекеттик бийлик органдарындагы эмгекке акы төлөө системасына 2008-жылдан баштап өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошол эле кезде мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди колдоо программасынын алкагында алардын эмгек акыларын көбөйтүү боюнча мамлекеттик органдарда атайын долбоор иштегенин ырастады:

- “Инфо-система” ишканасында болгону бүтүндөй серверлерди карап, жаңы программаларды иштеп чыккан 5-6 программист гана ошондой 150 миң сомдук маяна алат. Анткени алдыңкы маалымат технологиясынын рыногунда маянанын өлчөмү мындан да жогору. Эгерде мамлекет мына ошол адистер иштеп чыккан программаларга буйрутма берсе, өтө кымбатка түшмөк. Анан эми депутаттар маянанын өлчөмүн эмес, мыйзамсыз иштерди текшерүү менен алектенишсе болмок. Мамлекеттик кызматчылардын айлык маянасы алар аткарып жаткан ишке жараша төлөнүшү керек. Мен экономика министри болуп турганда андагы башкармалыктын башчылары кошумча төлөмдөрү менен бирге 50 миң сомго чейин айлык алышчу. Анткени мен штаттык бирдикти 280ден 120га чейин кыскартып, анын эсебинен айлыкты көтөргөм. Бул иштин натыйжасы үчүн нормалдуу эле көрүнүш.

Финансисттер маянанын өлчөмү, ай сайын сыйлык акы коюу жана материалдык жардам көрсөтүү атайын ички жобонун негизинде жүзөгө ашырыла турганын мисал келтиришти. Ошол эле кезде министрликтин атайын каражаттар эсеби өкмөттүн токтому менен ачылганы айтылды.

Каржы министрлигинин ички аудит жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Турмушбек Балбаков депутаттык жумушчу топтун баяндамасында келтирилген фактыларды чындыкка коошпогон маалыматтар деп эсептейт:

- Каржы министрлигинин кызматкерлери өздөрүнө олчойгон маяна коюп алды дегенге негиз жок. Биз башка мамлекеттик мекемелер сыяктуу эле айлык алабыз. Бизди деле Эсеп палатасы жылда текшерип турат. Мына ошол текшерүүнүн негизинде каржылык мыйзам бузуу болсо, буга чейин чыкмак да. Бизде орточо айлык акы көбөйгөндөн кийин 18 миң сомдун тегерегинде. Анан сыйлык акы деле жылына жободо көрсөтүлгөн шартта төрт жолу гана берилет. Андан ашыкча болушу мүмкүн эмес. Анда дагы тапшырмаларды аткаруу мөөнөтүнө жараша төлөнөт. Тапшырмаларды аткаруу өз мөөнөтүнөн кечиктирилсе, ошол бериле турган сыйлык акы кесилет. Анан эми материалдык жардам болсо кызматкерлер өтө муктаж болгон өзгөчө учурларда гана берилет.

Каржы министри жана анын орун басарлары, статс-катчысы жана башкармалыктардын башчылары колуна канча айлык алышат? Бул жөнөкөй суроого жөнөкөй жооп алуу мүмкүн эмес. Анткени мамлекеттик кызматкерлердин маянасы боюнча маалымдамада буга толук жооп алуу кыйын. Себеби маалымдамада маянанын өлчөмү гана көрсөтүлүп, кошумчаланган акча каражаты адатта көрсөтүлбөй кала берет.

Мыйзамдын талабын бузуу менен атайын каражаттардын эсебин ачып алып, акчаны кошумча айлыкка жана сыйлык акыга чыгымдашкан.
Мисалы, расмий түрдө маяна 21 миң сом болсо, эмгек стажы, класстык чини сыяктуу бир катар кошумча төлөмдөр кошулуп отуруп, колго тийчү маянанын өлчөмү 50-60 миң сомго чыгышы мүмкүн. Каржы министрлигинин жылдык бюджети 400 миллион сомго барабар. Анын канча бөлүгү айлык маянага чыгымдала турганы белгисиз.

Каржы министрлигинин коомчулук менен байланышуу секторунун башчысы Назар Малаев жетекчилик курамдын маянасы тууралуу мындай маалымат берди:

- Министрдин айлыгы 21 миң сом. Катардагы жөнөкөй адис 11 миңдин айланасында алат. Орун басарлардын маянасы 17 миңден 19 миңге чейин. Башкармалыктын башчылары болсо 14 миң 850 сом маяна алат. Буга кошумча Эмгек кодексине ылайык, биздин кызматкерлердин маянасына башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле эмгек стажына жана класстык чинине жараша кошумча төлөмдөр кошулат.

Шек санаткан бюджет чыгымдары

Ошол эле кезде мамлекеттик сатып алууларда жана мамлекеттик гранттарды бөлүштүрүүдө коррупциялык схемалар көптөн бери калыптанып калганы аныкталган. Анткени бюджеттин чыгашалары парламенттен кабыл алынгандан кийин дагы ага оңдоолор киргизилген учурлар катталган. Бул боюнча Каржы министрлиги кабарландыруу аркылуу бюджеттин долбооруна каалагандай алымча-кошумча киргизүү менен "Республикалык бюджет жөнүндө" мыйзамды бузууга барганы текшерүүдө аныкталган. Бирок Каржы министрлиги муну мыйзам бузуучулук эмес, зарылдыктан улам келип чыккан оңдоолор катары карайт. Жыйынтыгында башында чыгашаларга бир сумма көрсөтүлсө, аягында ал башкача болуп өзгөртүлгөн фактылар кадимки өнөкөткө айланган.

Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинин төрагасы Анарбек Калматов бул өнөкөттү мыйзамды одоно бузуу катары эсептейт:

- Мыйзамдын талабын Каржы министрлиги өздөрүнө ыңгайлуу кылып чечмелегиси келишет экен. Бирок мына ошол кабарландыруу аркылуу эле бюджеттин чыгашалары каалагандай өзгөртүлө берсе, анда бюджет тууралуу мыйзамды карап, кабыл алыштын кереги барбы деген суроо туулат. Каржы министрлиги бюджеттин корголгон беренелериндеги чыгашаларды да кааласа кыскартып, кааласа кошумчалап алып жатпайбы. Мына ушул жерде коррупциялык схемалар жатат.

Мындан сырткары айыл аймактарында каржылык тутумду өнүктүрүү деген сыяктуу бири-бирин кайталаган долбоорлордун кандай аткарылганы белгисиз. Мисалы, 2013-жылдын бюджетинде мына ошондой аталыштагы биринчи долбоорду каржылоого 176 миллион сом бөлүнгөн.

Экинчисине болсо кошумча 70 миң сомдон ашуун каражат каралган. Бирок жылдан-жылга кайталанган бул долбоорлордун кайсы айыл аймагына багытталып, кандайча пайда келтиргени көрсөтүлгөн эмес. Мына ошондуктан депутаттык жумушчу топ буга окшогон долбоорлор аркылуу мамлекеттин каражаты башка бирөөлөрдүн пайдасына чыгымдалып жатат деп шек санайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева мындай дейт:

- Мына ошол долбоорлорго жылда каражат бөлүнгөнүн карап, министр айымга ошол каражаттын кайсы айыл аймактарына даректүү жумшалганы боюнча маселени койсом, ага так жооп бере албай жатат. “Азыр буга жооп бере албайм, кийин келип, түшүндүрүп берейин” дейт. Бул эмне деген нерсе? Эмнеге министр мына ошол чыгымдардын кайсы жакка жумшалганын айтып бере албайт. Ошондон кийин бизде долбоорго деп бөлүнгөн каражаттын максаттуу жумшалганы боюнча шек пайда болду.

Каржы министрлигинин алдында үлүштүк дем берүүчү жана теңдештирүүчү гранттар сыяктуу каржылоонун негизинде социалдык объекттердин курулушун оңдоп-түздөө иштери аткарылып келет. Депутаттык жумушчу топ тиешелүү долбоорлорду жазуу менен аталган гранттарды утуп алуу машакат экенин таап чыгышкан. Анткени кандай долбоорлорго артыкчылык берүү жагын чечүүдө коррупциялык иш-аракеттер бар деген божомолдор айтылды. Бирок буга байланыштуу көрүнөө фактылар чыкпагандыктан бул маселени кошумча иликтөө жагы прокуратурага тапшырылды.

Ошол эле кезде Бишкек шаарындагы Свердлов райондук казыналыктын башчысы Сатаев быйыл жылдын башында кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп кармалган. Анын негизсиз эле бир долбоорлорду шылтоолоп, 3 миллион сомдон ашуун каражатты өзүнө ыйгарып алганы аныкталган.

Каржы тармагындагы мына ушуга окшогон кызматтык кылмыштар көп катталганына карабастан алардын көпчүлүгү сотко жетпей кыскарып же кылмыш иштери соттон токтотулган фактылар ондоп саналаары депутаттык жумушчу топтун баяндамасында келтирилген.

Аялдар өз укугун коргой баштады

25-ноябрдан тарта Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы он алты күндүк өнөктүк жүрүп жатат. "Азаттыктын" кабарчылары зомбулук көрүнүштөрүнө, себептерине, мындай фактылардын ачыкка чыгуу тенденциясында өзгөрүү бар-жогуна кызыкты.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук үй-бүлөдө, айрыкча элетте жашаган бүлөлөрдө арбын кездешери жашыруун эмес. Коомчулуктун жана аялзаттын өзүнүн “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген түшүнүктөн арыла албай жатышы бул өнөкөттүн жашоосу уланышын шарттоодо.

Күйөөсүнөн кордук көргөн аял эзели укугун ачык коргоп чыкпайт, ага жараша айрым эркектер аялын муштум менен тарбиялоону кадыресе көрүнүш деп санашат. Нарындан Токтосун Шамбетовдун радиобаяны:


"Күйөөмдүн ур-токмогуна чыдай албадым"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00
Түз линк


Милиция же түрмө кызматкерлери тарабынан кыйноого эркектер гана эмес, аялдар да кабылып келет. Укук коргоочулар статистика боюнча аялдар тууралуу фактылар аз болгону менен, кыйноонун мүнөзү эркектердикинен жумшак эмес дешет. Ал турсун сексуалдык зомбулукка учурагандары да бар.

Ички иштер министрлиги мындай ырастоолорду четке какса, Башкы прокуратура абак жайларда кыйноо фактылары быйыл кыскарганын билдирди. Азиза Култаева баяндайт:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00
Түз линк


Сойкулукту кесип кылган кыз-келиндер арасында да зомбулукка кабылгандар бар. Караколдон кабарчыбыз Мария Колесникова мурда сойкулук менен алектенген айымды жана социалдык теңсиздикте жашаган жарандар менен бирге сойкулардын да укугун коргогон коомдук уюмдун өкүлдөрүн кепке тартты:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00
Түз линк


Аялдардын мүлккө болгон укугун никеси расмий каттабаган учурда коргоо өтө оор. Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборуна бир жылда жети жүздөн ашуун кыз-келин кайрылган. Алардын негизги көйгөйү - үй-бүлөдөгү зомбулук, ажырашуудан кийин мүлк бөлүштүрүү, алимент алуу маселесинен улам тутанган чыр-чатактар. Кабарчыбыз Эрнист Нурматовдун радиобаяны:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00
Түз линк

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча быйыл он айда үй-бүлөдөгү зомбулуктун айынан 11 аял каза тапкан. Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Алмаз Молдакматов кабарчыбыз Бакыт Асанов менен маегинде үй-бүлөдөгү зомбулук фактыларынын ачыкка чыгуу тенденциясындагы өзгөрүүлөрдү айтып берди:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00
Түз линк

Жаңы жол жакындатабы?

Бишкек-Ош жолу

Жогорку Кеңеш 28-ноябрда өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча жол куруу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн келишимин жактырды.

Ага ылайык, Бээжин Бишкекке 400 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет. Жалпысынан 800 миллион доллар жумшалмакчы. Бирок бул жол өзүн актабай турганын айтып, мындай демилгени колдобогондор да чыгууда.

Долбоор боюнча жол Балыкчы - Кочкор - Чаек - Көкөмерен - Казарман - Жалал-Абад аркылуу өтөт. Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосу 748 чакырымды түзөт, кошумча жол курулса, узундук 300 чакырымга азаймакчы.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынан депутат Жусупалы Исаев кошумча жолду куруу зарылчылыгы тууралуу айтып берди. Ага ылайык, учурда Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуу тоннели машиналарды тейлей албай калды:

- Дагы төрт-беш жылдан кийин ошол тоннелден өтүүнүн өзү чоң проблемага айланышы мүмкүн. Экинчиден, ошол жол үчүнчү категория менен салынып, азыркы замандын талабына туура келбей калды. Эң негизгиси, эгер биз Ысык-Көл менен Нарын облустарын башка облустар менен тең карай турган болсок, ошол аймактагы элди өнүктүрөбүз десек, анда биз бул жолду сөзсүз салышыбыз керек. Бүгүнкү күндө алар Бишкек-Ош жолун колдонушпайт. Азыр эки облус туңгуюк облустарга айланып калды. Ошондуктан бул жол бүткөндөн кийин облустар чоң экономикалык өнүгүүгө барат. Бул жерде ушул жол менен кошо эки облустагы миллионго жакын элдин тагдырын чечебиз деген маселе биринчи болуп каралышы керек.

Жол жалпысынан 5 жылда курулуп бүтөөрү айтылган. Депутат Жусупалы Исаевдин билдиришинче, кошумча жолду буга чейин Кыргызстанда жол салып жүргөн кытайлык “Чайна роуд” ишканасы салат:

- Кытай тарап 400 миллион долларды жолду өзүбүз куруп беребиз деген шарт менен берип жатат. Андан сырткары жол системасында 30 жыл иштеген адис катары айта алам, азыр кытайлык жол куруучулардан башка жол салгандар мени чынында канааттандырбайт. Булар, мисалы, түрк, жана башка ишканаларына караганда жолду сапаттуу салаарын көрсөтүп жатат.

Жол курууга жалпысынан 800 миллион доллар жумшалат. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун билдиришинче, ушул тушта каражаттын теңин табуу аракеттери жүрүп жатат:

- Жолдун экинчи этабын куруу боюнча дүйнөлүк каржы институттар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ушунун негизинде экинчи этабында каржылоо маселеси чечилет.

Бирок кошумча түндүк-түштүк жолун куруу демилгесин колдобогондор да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жол өзүн актабайт деген пикирде:

- Бүгүн парламент жыйынына келген министрлер да бул жол өзүн канча жылда актайт дегенди так айтып бере алышкан жок. Анткени бардык нерсе өзүн актай турган болушу керек. Жол да өзүн акташы керек. Анткени ошол инвестициянын баасы бар, насыяны төлөп беришибиз керек. Пайданы эсептешибиз керек. Азырынча буга жооп жок. Бизде эми түндүк-түштүк жолу бар да. Биз 600, же 1 миллиард долларды жолго кетиргенден көрө билим берүү тармагын, мамлекетти реформалоого кетирсек болмок.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөргөн. Жазында Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин экинчи жыйынында тапшырма катары киргизген:

- Күйө турган маселе - альтернативдүү кара жол. Анткени кокус Төө-Ашуу жарылып кетсе, Кыргызстан эмне болот? Кошумча кара жолду кандай болсо да салышыбыз керек, анткени бул Кыргызстандын биримдиги, келечеги үчүн керек. Кудай буйруса, ушул кошумча жолдон өзүбүз өткөндөй бололу. Муну карызга батсак да жасаш керек.

Президент бул жолдон коңшу мамлекеттер да пайда табарын айткан. Ага ылайык, жол аркылуу Өзбекстанды айланып өткөн Орусия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан каттамын уюштурууга болот. Эгер Кыргызстан менен Тажикстан Бажы биримдигине кирип калса, жолдун мааниси артат.

Кара жолго жанаша темир жол да куруу болжолдонууда. Бирок ага азырынча каражат табыла элек.

Парламенттеги "абысын айтыш"

“Алиби” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик ишине 2 жыл толгондугун жазып чыкты.

“Алиби” гезити журналист Канышай Мамыркулованын президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке келгенине эртең эки жыл толоруна арналган макаласы менен жаңы санын ачып, Кыргызстан деген мамлекеттин тагдыры жалгыз президенттин, өкмөттүн же 120 депутаттын эмес, ар бирибиздин колубузда экенин, бийликке отураары менен алкымын агыткан ач көз кадрлар бийликтин кадырын ого бетер кетирип келатканын, кыргыздын шору кул мүнөздүк, кошоматчылык, оозуна эмне келсе ошону сүйлөгөн ээн ооздук, бет тырмалыкта жатканын, ушундайыбызга Атамбаев күнөөлүүдөн бетер “кетсин эле кетсин” деп кыйкырып, элди дүрбөтүү менен Кыргызстан кыяматтан башка эч жакка баралбастыгын айтты. Эки жыл деген жалгыз президент эмес, арам дүйнө үчүн башын сайууга даяр турган саясатчылар үчүн да, баарыбыз үчүн да ойлоно турган аз мөөнөт эместигин эскертти.

Ушул эле санга вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Исмаил Исаков июнь коогалаңы болуп жатса 60 жылдык мааракесин өткөрүп, бийлеп жүргөн” деген аталыштагы интервьюсу басылды.

“Ачык саясат плюс” гезити “Сасыкбаева Ош коогалаңында провокация кылганбы?” деген кабарында Жогорку Кеңештин “абысын айтышында” Жылдызкан Жолдошева Асия Сасыкбаева жетектеген “Интербилим” бейөкмөт уюмунун Ош коогалаңына тиешеси бар экенин айтып чыкты, эгер чын эле анын бул коогалаңга тиешеси бар болсо бул аялды өлкөдөн кууп чыгыш керек” деп;

“Кара-Кечеде Бостери менен Жумгалдын “черныйлары” атышып, көлдүктөр кычыраган кышта көмүрсүз отурат. Өкмөт маселени тез арада чечпесе болбойт” деп;

“Кримавторитет “Женгону” Өмүрзаков калкалап жатса, Нурдинов издеп жатат” деген кабарларды таратты.

“Де-факто” гезити Нургазы Эсекеевдин “Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы: “Өз балдарын” коргоо амалы” деген макаласы жана “Акматбек Келдибековдун камалар алдындагы элге кайрылуусу” жарыяланды.
Өкмөткө караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана улут аралык мамилелерди жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин деректири Накен Касиев “Коррупцияга каршы күрөштү саясый оюн деген туура эмес” деп интервью берип, азыркы жагдайда коррупционерлерди камоо оңойго турбастыгын, анткени бул илдетке чалдыккан чиновниктердин көбү туугандарына, жердештерине таянып, ар кандай башаламандыкты уюштуруп жибермейди салтка айлантып алышканын, ар бир башталган иштин тоскоолдуктары болорун, айрыкча коррупция менен күрөшө тургандардын душмандары күчтүү жана коркунучтуу экенин, бирок мыйзам андан да күчтүү экендигин, бардыгы мыйзам алдында бирдейлигин белгиледи.

“Фабула” гезити абакта жаткан Келдибековдун аялы өткөн жумада “баарыңарды чөгөлөтөм!” деп журналисттерди коркутса, кечээ аты Сталиндикине окшош Иосиф Аттокуров дегени “Төңкөрүш жасайбыз! Бийликти күч менен басып алабыз. Президентти айдап чыгабыз! Согуш ачабыз!” деп чыкканын, анын айтымында, бийлик Келдибековду тез арада камактан чыгарбаса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарын бат эле басып алып, анан Нарын менен Көлдү алдына салып айдап алып, Чүйдү чүлүктөп туруп, Бишкекти бир эле күндө алып, бийликти алмаштырып салат экен” деп жазган гезит, согуш дегенди көйнөгү жок баланын оюнундай көргөн Аттокуров деген ойлоп жатса керек “согуш!” десем эле “солк” эте түшөт деп, азыркы бийликти алеки заматта алмаштыра койчу күч жоктугун бу кысталак түшүнбөгөнүн, күч органдары бул ээн ооз сүйлөп, куру баатыр болуп көнгөн Аттокуровго ушул сөзү үчүн эле укурук салса боло тургандыгын билдирди.

“Жаңы агым” гезити “Ислам интеллектуалдары иштебесе болбойт” деген баштеманын алдында өткөн жуманын жекшембисинде Бишкекте өткөн “Орто Азиядагы исламдык ойгонуу процессинин алкагындагы интеллектуалдык демилге” эл аралык конференциядагы олуттуу ойлорго окурман көңүлүн бурду. Бул боюнча дин илимдеринин доктору Кадыр Маликовдун “Мусулман мусулманга тууган болуш керек” деген, Түркиядагы “Саодат” партиясынын башкы катчысынын орунбасары Якуб Будагдын “Демократия-мусулман өлкөлөрүн деградация кылуучу оюн” деген, Иран шейхи Саид Али Гази Аскардын “Иранда исламды жаманатты кылган диний агымдар аз” деген темада сүйлөгөн сөздөрү басылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Манас жаңырыгы” телерадиокомпаниясынын деректири Темирбек Токтогазиевдин “Манастагы Беш Бээжин бүгүн кайда?” деген аталыштагы иликтөө макаласынын алгачкы бөлүгүн тартуулады. Темирбек мырза жакында эле Кытай кыргыздарына барып кайтканын, атактуу манасчы абабыз Жусуп Мамай өз “Манасында” Бээжиндерди даана айткан менен, алардын каерде экендигин билбестигин, бирок Пекинде же Чоң Бээжинде болгондо кытай профессору Жаң Йоңхай Беш Бээжиндин бүгүнкү ордун көрсөтүп бергенин баяндады.

"Кыргызгаздын" акциялары биринчи орунда

Орусиянын "Газпром" ишканасынын Санкт-Петербургдагы имараты, 14-ноябрь, 2013-ж.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр коррупция айынан жылына 40 млрд. долларга чейин чыгаша тартат. Кыргыз малчыларын колдоо долбооруна 25 млн. доллар бөлүндү. Кыргызстанда авиажүргүнчү саны өстү. Бишкектеги фондулук биржасында болсо сатылган акциялардын көлөмү боюнча "Кыргызгаз" биринчи орундан түшпөй келе жатат.

Кыргызстанда мал-чарба базарын өнүктүрүү долбоору Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык корунун көмөгү менен ишке ашат. Долбоорго 25 миллион доллар бөлүнүп, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Долбоордун негизги максаттары жайыттарды жигердүү пайдалануу, малдын абалы жана мал продукцияларын жакшыртуу, мал чарба азыктуулугун өнүктүрүү жана базар экономикасынын шартында мал продукциясын сатуу.

Беш жылдык долбоордун алкагында мал чарбаларга жана ветеринарларга өзгөчө көңүл бурулат. Келечекте бул долбоорго Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык кору дагы 39 миллион доллар бөлүп, түштүк облустарынын малчылары да камтылат.

Төө-Ашуудагы койчулар, 17-июнь 2011-ж.
Төө-Ашуудагы койчулар, 17-июнь 2011-ж.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Агрардык саясат жана инвестиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Курманбеков жайыттардын азыркы абалын төмөнкүчө сыпаттады.

– Инфраструктуранын баары талкаланып калган илгери малдар барып жүргөн жерлер, көпүрөлөр, чубак жолдор жок. Мал өтпөй калган. Коп жерлерди менчиктештирип, тосуп алышкан.

Ал эми долбоордун алкагында ажыратылган каражат эмнелерге жумшалаарын Курманбеков мындайча кошумчалады:

- Жайыттардын чек араларын тактаганга, картасын чийгенге, инфраструктурасын өнүктүргөнгө жумшалат. Илгери малды алып барып, откорчу жерлер да калбай калган. Ошолордун баарын калыбына келтирип, жолду оңдоп, көпүрөлөрдү салуу керек.

Кыргыз өкмөтүнүн айыл чарбаны каржылоо долбоорунун алкагында жалпысынан 3 миллион 180 миң сом насыя бөлүнгөн. Ири мүйүздүү малдын саны 150 миңге өсүп, өлкө боюнча 1 миллион 350 миңди түздү.

Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы буудай талаасы, 18-апрель 2013-ж.
Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы буудай талаасы, 18-апрель 2013-ж.
Кыргызстанда күзгү эгин иштери дээрлик аяктап, түшүм толугу менен жыйналып бүттү. Бул тууралуу 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстан боюнча 180.7 миң гектар аянтка күздүк буудай, 10.5 миң гектар жерге күздүк арпа эгилди. Өкмөт мамлекеттик урук корундагы 444 тонна кышкы буудайдын уруктары өлкөнүн ар тарабына бөлүштүрүлүп жатканын кошумчалады.

Өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү быйыл 1 миллион 219 миң тоннага барабар болду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 422 миң тоннага арбын. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 2012-жылга салыштырмалуу гектарына 6.5 центнерге көп. Кыргызстан боюнча 183.6 миң тонна кант кызылчасы, 61.6 миң тонна пахта жана 8.6 миң тонна тамеки жыйналган. Жылдын алгачкы тогуз айында айыл жана мал чарбачылыгы өндүргөн продукциясынын жалпы суммасы 140 млрд. сом болду.

Авиация тармагында болсо, жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандын аэропорттору 1 миллион 752 миң жүргүнчүнү тейледи. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 26.3% көп. Бул тууралуу өлкөдөгү аба майдандарды иштеткен "Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому маалымдады. Январь–сентябрь айларында бардыгы болуп 18 миң 592 каттам аткарылып, былтыркыдан 26% өскөн.

Ош эл аралык аба майданы, 9-октябрь 2013-жыл
Ош эл аралык аба майданы, 9-октябрь 2013-жыл
Ал эми Ош эл аралык аэропортунда алгачкы тогуз айда 745 миң авиажүргүнчү тейленди. Бул былтыркы алгачкы тогуз айга салыштырмалуу 25% көп. Ошто жалпысынан 6 миң 604 каттам аткарылып, өсүш 31% түздү.

Дүйнөлүк банктын билдиришинче, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр коррупция айынан жылына 40 миллиард долларга чейин чыгаша тартат. Бул тууралуу Панамада өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы бешинчи сессиясында айтылды. Жыйын катышуучулары коррупция дүйнөдөгү өнүгүүнү жайлатып, ар түрдүү кылмыштарга жол ачып жатканын белгилешүүдө.

Бириккен улуттар уюмунун айтымында, коррупция социалдык жана экономикалык өнүгүүгө бут тосуп, жөнөкөй адамдардын жакшы шартта жашоосуна кедерги болуп жатат. Коррупцияга каршы Конвенциясы 2003-жылы кабыл алынып, 168 өлкө – анын ичинде Кыргызстан ратификациялаган.

Эми глобалдык базарларга учкай көз чаптырсак. "Центерра Голддун" акциялары акыркы жети күн ичинде 5 центке кымбаттап, бир баалуу үлүш кагаздын баасы 3 канада доллары 11 центти түздү. Сары алтындын баасы 12 долларга арзандап, алтындын жүз унциясы 1251 доллардан сатылып жатат. Чийки мунайдын баасы акыркы апта ичи бир доллардан ашык түшүп, бир баррель 92 доллардан сатылып жатат.

"Кыргызгаз" ишканасынын жабдуулары.
"Кыргызгаз" ишканасынын жабдуулары.
Ал эми Бишкектеги баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы апта ичи миллион сомго жакын көбөйүп, 10 миллион 997 миң сомдон бир аз ашык соодаланды. Сатылган акциялардын көлөмү боюнча "Кыргызгаз" биринчи орундан түшпөй келатат. Акыркы жети күн ичинде ишкананын 5 миллион 261 миң сомго барабар баалуу кагаздары сатылды. Өткөн аптада алматылык акционер "Кыргызгаздын" 100 миң акциясын 4.7 миллион сомго саткан.

"Кыргызгаздын" акция баасы 67 сом чегинде 2008-жылы бекитилген. Мамлекеттик мүлк кору баалуу үлүш кагаздардын 87.9%, Социалдык фонд – 5.66% жана башка акционерлер 6.3% акцияларга ээлик кылат.

Келдибековдун тарапкерлеринин талабы

"Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 28-ноябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке шарт койду.

Келдибековдун жактоочулары белгилешкендей, алар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу учурунда шарт коюшуп, эгер депутат абактан тил кат менен чыгарылбаса, түштүк облустарда бийликти басып алышарын эскертишкен.

"Камактан чыгарбаса, баарына даярбыз"

Келдибековду коргоо комитетинин өкүлү Абдимухамбет Кутбидиновдун айтымында, депутат эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен камактан чыгарылбаса, эл жол тосууларды, административдик имараттарды басып алууну баштоого даяр.

- Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен чыгарып бербесе, булардын өздөрүнүн шору. Эгер эл көтөрүлсө, кармап кала алышпайт. Эл жол тосот жана башка айтылган бардык кадамдарга барат. Административдик имараттар, райондук, облустук акимчиликтер басып алынат. Бул кадамдарга барбаш үчүн президентке, премьер-министрге жана башкаларга жолугуп, биздин талаптарды билдирип келгиле деп, эл бизди жөнөттү.

Келдибековдун тарапкерлеринин айтымында, алар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен жолугушуп, өз талаптарын айтышкан. Эми президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу ниеттери бар.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова эл өкүлүнүн тарапкерлери Келдибековго карата кылмыш иши туура эмес козголгондуктан нааразы болууда деген ойдо.

- Келдибековдун иши мыйзамсыз болгону үчүн ушундай болуп жатат. Чындык жок. Жогорку деңгээлдеги саясатчыларга карата мыйзамдар туура колдонулбай жаткандан кийин карапайым калк жөнүндө эмне деп айтабыз?

Буга чейин 23-25-ноябрь күндөрү Ош-Эркеч-Там жолун Алай районунан эки күн бууган Келдибековдун тарапкерлери жолду бийликке үч күн убакыт берип ачышкан.

"Чакырыктар Конституцияга каршы"

Анткен менен Келдибековдун тарапкерлеринин башаламандык баштоо боюнча билдирүүлөрү Конституцияга каршы деп бааланууда. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев бүгүнкү күндө мыйзамдуу жолдор аркылуу адилеттүүлүккө жетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт.

- Мурда мыйзамдуу жолдор менен маселе чечүүгө, бийликти алмаштырууга мүмкүн болбой калганда эки ыңкылап болду. Бирок бүгүн кырдаал башка да, биз азыр башка жолго түштүк. Ошондуктан эл тарабынан жасалган аракеттер да өзгөрүшү керек. Баягы эле баскынчылык, талкаламайдан биринчи кезекте элдин өзүнө зыян тиет.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдирасулова депутаттын тарапкерлеринин чакырыктарын мыйзамсыз деп баалап, бирок алардын талаптарын аткарса болорун айтат.

- Конституциялык түзүлүшкө коркунуч келген чакырыктар боюнча мыйзамдарда жоопкерчиликтер каралган. Бул жерде ошол мыйзамдардагы жоопкерчиликке такалып калат. Бирок кармалган адамдын туруктуу жашаган жери болуп туруп, коомго коркунучу болбосо, тергөөгө тоскоолдук келтирбесе, качып кетпесе, камакка алуудан башка дагы жолдор бар. Же туугандарынын, белгилүү инсандардын кепилдиги менен үй камагына жана эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен чыгарса болот. Эгер ушул чаралар элди тынчтыкка алып келсе, аларды радикал кадамдардан кайтарса, бийлик бул жолдорду да ойлонуп көрүшү керек.

Саясат таануучу Марс Сариев бийликке карата коомдо оппозициялык маанай бар, бирок коррупцияга каршы күрөштү да колдогондор көп деп эсептейт. Сариев бул күрөш бир гана оппозицияга багытталып жатабы, же бийликтин тегерегиндеги жемкорлукка шектүү адамдар да тузакка түшөбү деп эл күтүп жатканын кошумчалады.

- Менимче, кыргызстандыктар коррупцияга каршы. Алар мыйзамдуулуктун сакталышын жактайт. Келдибековдун тарапкерлеринин чыкканы, азырынча жалпы Кыргызстан боюнча чоң бир чатакка деле алып келбейт.

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов айрым маалымат каражаттарына курган маегинде тынчсызданууга негиз жок экенин жана кырдаал туруктуу болгонун билдирген. Ошону менен бирге Келдибековдун тарапкерлеринин билдирүүлөрүндө мыйзамга каршы чакырыктар болсо, тартип коргоо органдары териштирип көрүшү мүмкүн экенин кошумчалаган.

“Ата-Журт” фракциянын депутат Акматбек Келдибековго Башкы прокуратура иш козгоп, ал 20-ноябрда камакка алынган. Ага спикер, Соцфонддун жана Салык кызматынын төрагасы болуп турган кезде мамлекеттин каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып коюлууда. Депутат учурда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында кармалып турат.

Майыптар мамлекеттен колдоо күтөт

Бишкекте Майыптар биримдигинин мүчөлөрү парламент жана өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты.

Алар майыптардын социалдык колдоолорун жакшыртууну талап кылышты. Чогулгандар Майыптар тууралуу конвенцияны ратификациялоого каршы. Митингге чыккандар менен вице-премьер-министр Камила Талиева жолугуп, талаптарды карап чыгууну убада кылды.

Арстан 25 жашта, төрөлгөндөн бери буту баспайт. Майыптыгы үчүн алган пенсиясы көп нерсеге жетпейт. Ата-энесине жардам кылайын деп базарга кайыр сураганы чыгат. Бишкекте өтүп жаткан митингди колдоо үчүн келди.

- Алган 3000 сом пенсия күнүмдүк турмушта жокко эсе. Ага азыр эч ким жашай албайт. Биринчи топтогу майыпмын. Биздин бийликтегилер, депутаттар ошол суммага өздөрү жашап көрсө, анан түшүнөт эле. Мен Калыс-Ордодо жашайм, он бир тууганмын, ата-энем бар. Ал жагынан алганда Кудайга шүгүр.

Арстан сыяктуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер Кыргызстанда бүгүнкү күнү 150 миңге чукулдады. Алардын атынан Майыптар биримдиги каршылык акциясына чыгып, социалдык колдоолордун көбөйүшүн жана мыйзамдардын аткарылуусун талап кылды. 2010-жылы жылуулук, суу, электр жарыгына жеңилдиктердин токтоп калуусу алардын шартын оорлотконун айтышты.

Өкмөткө түрдүү талабы бар 50 чакты кишинин ичинен Данияр Айдаралиев “жеке мен үчүн көмүр эле беришсе болду эле” деп кейиди.

- Бизге айыл өкмөттөрдөн жылда көмүр каралган. Бирок алар жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан же дагы башка шылтоолор менен көмүрдү бербейт. Мен ошону мамлекеттик бюджеттен түз бөлүнө тургандай жасалышын каалайм. Үч баламды, аялымды жалгыз багам. Электр кубатынын баасы тууралуу кептер айтылып жатат. Майыптар отун жарып, от жага албайт. Баары электр жарыгы менен күн көрөт.

Ак үйдүн алдына чогулуп парламент төрагасын чакырып, башка эшигине барып президенттин чыгуусун талап кылгандар өкмөт үйүнө чейин жетишти.

Чогулгандар 2011-жылы Кыргызстан кол койгон Бириккен улуттар уюмунун “Майыптардын укугу боюнча” конвенциясын ратификациялоого да каршы. “Талант сыры” коомунун жетекчиси Сапарбай Муратов мындай дейт:

- Конвенцияны кабыл ала койсок эле биздин жашообуз оңолуп кетеби? Өзүбүздүн ички мыйзамдарыбызды тактай албай жатып конвенцияга өтүп кетсек эле жакшы болуп кетеби? Биринчи ички мыйзамдарыбызды ишке ашырып алалы. Конвенция кандай пайда алып келет?

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер конвенцияга кагаз үстүндө калчу документ болуусунан сырткары башка да себептерден улам каршы болуп жаткандай. Майыптар биримдигинин төрагасы Бакыт Исаков конвенциянын мазмунун ийне-жибине чейин билет. Айтымында, андагы шарттарды аткарууга Кыргызстандын кудурети жетпейт, бул - өлкөгө талап коюп, сырттан басым кылып туруунун жолу.

- Конвенция аткарылбай тургандай түзүлгөн. Экономикалык абалы менен Кыргызстан ал талаптарга жооп бере албайт. Эгер аткара албасак, ар кандай сунуштарды бере башташат. Ошондуктан ал бизге керек эмес! Биздин сырткы карыздарыбыз көп. Эл аралык донорлор атайын ошого такап жатышат. Өзүбүздүн мыйзамды иштетпей, башканыкын кабыл алсак, анда кандай мамлекетпиз?

Социалдык өнүктүрүү министрлигинен конвенция боюнча каршы жана колдогон эки топ бар экенин билдиришти. Министрликтин башкармалык башчысы Бурул Сүйүналиева бүгүн митингге чыккандардан да конвенцияны колдогондор бар болчу деди.

- Бул конвенцияга 150 мамлекет кошулган. 2011-жылы өкмөт “бул конвенция бизге керекпи же кереги жокпу” деген суроону такташ үчүн комиссия түзгөн. Ушул эле жигиттердин катышуусунда ошондо токтом чыккан. 36 кишиден турган комиссияда 20дан ашыгы мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү болчу. Ошол уюмдардын сунушу менен кошулуу боюнча токтом чыккан. Анда Кыргызстан кол койду. Бирок ратификациялана элек.

Майыптык түрүнө жараша алар 1000 сомдон 3000 сомго чейин пенсия алышат. Электр жарыгы сыяктуу төлөмдөргө жеңилдиктер 2010-жылы токтотулган. Өкмөт мекемелер аркылуу берилген жеңилдиктерди пенсияга кошуп берүү туура болот деп чечип, ар бир кишиники 200 сомго көбөйгөн.

Ал эми митингге чыккандар вице премьер министр Камила Талиева менен жолугуп, ал 20-декабрга чейин талаптарын карап чыкмай болду.

Байыркы кесиптен баар тапкандар аз

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да сойкулук киреше алып келүүчү жашыруун ишкердиктин түрүнө кирет. Бирок аны менен катар эле сойкулукту кесип кылган кыз-келиндер арасында зомбулукка кабылгандар арбын.

“Азаттыкка” интервью берген каарманыбыз Лариса Каракол шаарында жашайт. Ал жаштыгын сойкулук менен өткөрүп, анын айынан өз жеринде зомбулукка кабылган, чет жерге сексуалдык кулчулукка сатылган кыргызстандык кыз-келиндердин бири.

Бактыга жараша, Лариса мындай тагдырга туш болгондордон айырмаланып, үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгон. Ошондуктан өзүнүн суранычы боюнча аты жана үнү өзгөртүлүп берилди.

Атасыз чоңойгон Лариса байыркы кесипти ишсиз жана каражатсыз калганда аркалаган. Ара жолдо турган кызды бул чөйрөгө чогуу окуган курбуларынын бири жетелеп келген экен:

- 1999-жылдан тарта түнкү көпөлөк иштей баштадым. Бишкектеги кесиптик-техникалык окуу жайлардын биринде окучумун. Менин группалашым сойкулук менен жан бакчу. Окуу жайды бүтүп, кайда бараарыбызды билбей турганда, ушул жумушту сунуштады. Биз аргасыздан макул болуп, жол жээкке туруп калдык. Беш-алты жыл жүрдүк ошентип.
Менин групалашым сойкулук менен жан бакчу. Окуу жайды бүтүп кайда бараарыбызды билбей турганда, ушул жумушту сунуштады.

Ал жылдары Ларисанын өмүрүнө, саламаттыгына коркунуч келген учурлар көп эле болуптур. Айрыкча Араб Эмираттарына алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылганы көкөйүнө тийиптир:

- Бир курбу кызыбыз Эмиратка барып, официант болуп иштеп келели деп сунуштаган. Биз кыздар менен көпкө ойлонуп, анан макул болгонбуз. Анткени, сойку болуп жашоодон чарчаган элек. Эмиратка барганыбызда сексуалдык кулчулукка түшүп калдык, бизди колдон колго өткөрүштү. Көп өтпөй бизди полиция кармап, кайра Кыргызстанга депортация кылды.

Каарманыбыздын айтымында, Эмираттарга ал эки ирет барган. Себеби аны биринчи жолу ал жерге жөнөткөн адамдар аны кайрадан жасалма документтер менен кетиришкен.

- Бир айча ал жерде иштеп, анан кайра депортацияланып, Бишкекке келдим. Бир катар башка жумуштарда иштедим, анан Караколго келсем, апам үйдү сатып, кетип калыптыр. Жашаганга жер жок, кичинекей Караколдо жумуш жок. Бишкекте бир аз жумуш бар болчу. Арга түгөнүп кайрадан сойкулукка өттүм.

Ларисанын айтымында, түнкү көпөлөктөр кардарлардын да, тартип кызматкерлеринин да зомбулугуна кабылышат.

- Мас болуп алып оюндагысын кылган кардарлар бар. Тартип коргоочулардыкы өзүнчө сөз. Биз алар үчүн бекер иштеп беришибиз керек. Башка аргаң жок. Чөнтөгүңө бир нерсе салып коюп “иштейсиң, болбосо ушул үчүн бир топ жылга соттолосуң”, - деп коркутушат. Ставкалары дагы бар болчу, ошол койгон акчасын төлөшүң керек же иштеп бересиң. Азыр болсо сойку кыздарды «мамашалары» чыгарып кетет. Биз болсо өзүбүз иштечүбүз.

Кээ бир тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан, Лариса айткандай, кыздарга карата зомбулуктар болуп тураарын «Улукман дарыгер» коомдук уюмунун юристи Капар Ырысбаев да тастыктады:

- Бир саатка жалдап алышып, анан акча төлөгүсү келбей, ар кандай жалаа жаап, коркутуп алышат. Андайда кызды күнөөлөп, оюна келгенин кылгандар бар, өзү аз келгенсип досторун чакырган учурлар да болот. Бизге келген кыздардын көбүндө менин визиткам бар. Аны көрсөтүп, адвокат чакыртабыз дегенде сестенип, кыздарды коё бергендер болгон.

«Улукман дарыгер» коомдук бирикмеси Караколдо ВИЧ инфекциясынын алдын алуу максатында Глобалдык фонддун жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 2009-жылы түзүлгөн. "Бул уюм сойкуларга укуктук, психологиялык, медициналык жардамдарды көрсөтүп турат. Жыныстык жугуштуу оорулар сойкулардын кесиптик илдети болуп саналгандыктан, аларды бекер медициналык кароодон өткөрүү, илдеттерден сактануучу каражаттар менен жабдуу милдетин да ушул уюм алат", - деди уюмдун ысымын толук атоону каалабаган Гүлмира аттуу дарыгер.

- Биз иштеп жаткан кыздардын тажрыйбасына таянсак, алар сойкулук ишке окуусу үчүн акыдан кутулуу, өз жашоосун оңдоо, ата-энесине, бир туугандарына жардам берүү үчүн барышат. Кыздардын айтымында, кафелерде түн жарымга чейин идиш жууп 250 сомдун тегерегинде акча тапса, сойкулар бир эле түндө 100 долларга чейин табышат.

Бирок түнкү көпөлөктөр менен иштеген адистердин айтымында, көпчүлүк кыз-келиндер тапкан акчасынын теңинен көбүн сутенерго карматат. Акыр-аягында саналуусу эле жакшы жолго түшпөсө, калгандарынын ден соолугу менен кошо тагдыры да талкаланат.

Караколдогу сойкулардын укугун буга чейин “Асият” уюму коргоп келген.

Кыргызстан аймагында сойкулук жашыруун ишкердиктин эң пайдалуу булактарынын бири катары саналат. Жакында Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык бөлүмү сойкулук жана аларга ортомчулук кылгандарды, акча табууга көмөктөшкөндөрдү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин көтөрдү. Божомолдорго караганда, сойкулук аркылуу каражат тапкан кыз-келиндердин саны өлкө боюнча үч жарым миңден ашат. Алардын ичинде Каракол шаарында сойкулук аркылуу каражат тапкан кыздар да бар.

Саруулуктар депутаттарды күтүүдө

Саруулуктар депутаттарды күтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Дзюдочу Шамбетов дүйнө чемпиону болду

28-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында дзюдо боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатынан кыргыз балбаны жеңип келди. Москвада бильярд боюнча "Кремль кубогу" таймаштары уланды.

28-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынан кыргыз балбаны жеңиш менен кайтып келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дзюдо федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов билдирди.

Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 49 жашка чейинкилерден 60 кг салмагындагы машыктыруучу Жаркынбек Шамбетов катышты. Ал мелдеште 4 ирет таймаш өткөрүп бразиялык, орусиялык, италиялык атаандаштарын жеңип, финалда дагы бир дүйнө чемпиону, италиялык Сальваторро Палилло утуп, дүйнө чемпиону аталды.

"Таймашуулар күрч мүнөздө өттү. Дүйнөнүн үч чемпионун уттум", - деди “Азаттыкка” дүйнө чемпиону Жаркынбек Шамбетов.

2012-жылы дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугун Таалай Массабиров жеңип алган.

Бильярд: Кремль кубогу

Бул күндөрү Москвада бильярд боюнча Кремль кубогунда кыргызстандык он спортчу өнөрүн көрсөтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” спорт чебери Ильяс Адамов кабарлады. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Канат Сыдыков, Дастан Лепшаков, Ызатбек Раатбеков жана Зайлан Адамов баштаган жигиттер өлкө намысын коргоп жатат.
Мелдешке 318 бильярдчы катышууда, алардын катарында кыргызстандык 11 спортчу да бар.

Турнирдин жалпы байге фонду – 4 миллион рубль. Бул каражат 1-орундан 32-орунга чейинки катышуучулардын жеңүүчүлөрүнө бөлүнөт.

Волейбол: "Салам-Алик" жеңүүчү

Бишкектин "Салам-Алик" командасы Ош шаарында өткөн "Курманжан Датка" кубогу үчүн волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы турнирде жеңишке жетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков билдирди.

Турнирде Бишкектин "Улар" жана "Салам-Алик" командалары финалда беттешти. Өлкөнүн учурдагы чемпиону “Салам-Алик” командасы "Уларга" эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 3:0 эсебинде жеңип, "Курманжан Датка" кубогун утуп алды.

Турнирдин акыркы күнүндө "Алай Датка" менен "Улар" күмүш медаль үчүн беттешип, Оштун “Алай Датка” командасы утуп алды.

Футбол: Журналисттер үчүн семинар

Футбол федерациясында Кыргызстанда бул оюнду өнүктүрүүдө басма сөз кызматтардын ролу тууралуу семинар кеңешме өткөрдү.

Футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаевдин айтымында, семинар эки бөлүктө өтүп, футбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча талкуулар, практикалык сабактар болду. Ошондой эле, спорт жаатындагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө негизги актуалдуу темалар тааныштырылды.

Семинар "Футболдук клубдардын PR ишмердигин натыйжалуу уюштурууда басма сөз кызматтардын ролу", “Футболду чагылдырууда заманбап маалымат берүү өзгөчөлүктөрү жана жарнамаларды натыйжалуу пайдалануу" темаларына арналды. Кеңешмеге Казакстандын футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Измайл Бзаров катышып, журналисттер үчүн талкуу уюштурду.

Эркин күрөш: Олимпиада чемпиондун байгесине

28-ноябрда кыргызстандык балбандар Орусияга аттанып кетишти.

29-ноябрдан 1-декабрга чейин Краснодарск шаарында өтүүчү эркин күрөш боюнча уландар арасында эл аралык мелдешке кыргызстандык 15 балбан катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаш балбандарды баштап бараткан устат Нурдин Дөңбаев билдирди.

Эл аралык турнир үч жолку олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевдин байгесине арналып, кырктан ашуун өлкөнүн балбандары күч сынашат.
Эскерте кетсек, Бувайсар Сайтиев - эркин күрөш боюнча 3 жолку олимпиада, 6 жолку дүйнө жана 6 жолку Европа чемпиону болгон.

Ок атуу: Мергендер мелдеши

28-ноябрда Бишкекте ок атуу боюнча куралдуу күчтөр тармагынын чемпонаты өтүүдө. Мында бул тармактын 11 мекемесинин кызматкерлери мелдешип, мергендиги сыналууда. Жеңүүчүлөрү 1-декабрда аныкталат.

Сарпашевдин иши иликтенүүдө

Жогорку Кеңеш өкмөт башчысынын орун басары Тайырбек Сарпашев кызмат абалын өзүнүн ишкердигин өнүктүрүүгө пайдаланып жатканын иликтөө боюнча депутаттык топ түздү.

Буга Сарпашевдин жакындарына караштуу компаниялардын “Кумтөргө” май ташыган жана Бишкектин жолдорун оңдоого байланышкан миллиондогон тендерлерди утуп алып жатканы негиз болгон. Бирок вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев коюлган дооматтарды четке кагып, депутаттык комиссия бул ушакка чекит коёт деп билдирди.

Парламенттин “Республика” фракциясы ишти иликтөө учурунда Сарпашев убактылуу кызматынан четтетилип турушу керек деген сунушту киргизүүдө.

Тендерлерден утуунун табышмагы

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы баш калаанын айрым бир көчөлөрүн оңдоо боюнча өткөн жылы тендер жарыялаган болчу. Аталган тендер 30 миллион долларлык түрк насыясынын эсебинен каржыланган.

Өкмөт башчысынын орун басары Тайырбек Сарпашевдин жакындарына таандык компания Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча тендерди утуп алганы иликтене турган болду. Мындан сырткары анын бир тууганы башкарган “Градиент” фирмасы “Кумтөрдү” толугу менен автоунаа майы менен кандайча камсыздап калганы текшерилмекчи.

"Кумтөргө" бараткан унаа
"Кумтөргө" бараткан унаа
Өкмөт башчысынын орун басары Сарпашев аталган тармактарды тейлеген жетекчи болгондуктан депутаттар ал тендерлерди утуп алууда анын жеке кызыкчылыгы рол ойногон деп шек санашууда.

“Республика” фракциясынын жетекчиси Назарали Арипов Сарпашев кызмат абалынан пайдаланып жатат деген фактыларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн жарыялады:

- Сарпашевдин туугандарына караштуу компаниялар Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча тендерлерди утуп алганы боюнча маалымат келип түштү. Ошондой эле анын агасына караштуу “Градиент” фирмасы “Кумтөргө” кара май ташып кирип жана сыртка алып чыгып сатат деген маалымат бар. Мына ошонун кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин депутаттык комиссия иликтеп чыкмакчы.

Биздин чоң кызматта иштеген жетекчилердин тууган-уруктары мына ошондой тендерлерге катышуудан алыс эле болуп турушса жакшы болот эле.
Ошол эле кезде парламенттеги “Республика” фракциясы өкмөт башчысынын орун басары Сарпашев депутаттык иликтөө жүрүп жаткан кезде кызматтык милдеттерин токтотуп туруусун сунуштаган. Бирок Сарпашев азырынча бул сунушту кабыл алаарын билдире элек.

Ошол эле учурда өкмөт башчысынын орун басары Тайырбек Сарпашев анын жакындарына таандык компаниялар гана тендерлерден утуп жатат деген көбүртүлгөн маалымат деп эсептейт:

- Мунун бардыгы көбүртүлгөн ушак. Бул эми мындан бир жыл мурунтан бери эле айтылып келаткан болчу. Депутаттык комиссия түзүлгөнү жакшы болду. Ошонун бардыгынын чын-бышыгын тактап, мени каралоо үчүн чыгарылып жаткан ушактарга чекит коюлат деп ойлойм. Ошондуктан мен депутаттык комиссияга ачыкмын жана керектүү маалыматтардын бардыгы менен бөлүшөм.

Сатыбалдиев: аткаминерлер аралашпаса...

Жакында парламентте аткаминерлердин жакындары тендерлерге катышууга тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынган болчу. Анткени ири аткаминерлер өздөрүнө караштуу компанияларын башка бирөөлөргө жаздырып коюп, бирок ошолор аркылуу тендерлерди утуп алууга артыкчылык алган жагдайлар кадыресе көрүнүшкө айланган.

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” курган маегинде мындай өнөкөткө чек коюу керектигин айткан эле:

- Биздин чоң кызматта иштеген жетекчилердин тууган-уруктары мына ошондой тендерлерге катышуудан алыс эле болуп турушса жакшы болот эле. Биздин өкмөттө ишкердиктен келген 2-3 министр бар. Алардын бири - Тайырбек Сарпашев. Ал мага өзүнө караштуу компанияларын башкарууну башка бирөөгө өткөрүп бергенин айткан болчу. Анан эми мына ушундай шартта анын туугандары жанагыдай тендерлерге катышпай эле коюшса дурус болмок. Бирок эми бул турмуш экен да.

Өкмөт башчысынын орун басары Сарпашевдин ишмердигин иликтөө боюнча депутаттык комиссия он күндүн ичинде жыйынтык чыгарууга тийиш. Аталган убактылуу комиссияга ар бир фракциядан экиден өкүл кирип, анын төрагалыгына депутат Алтынбек Сулайманов шайланды.

Орус түрмөсүндөгү журтташтар

Гезиттер коррупция менен күрөштүн күңгөй-тескейин ар кайсы көз караштан талдоого алган материалдарды басууда.

“Айат” гезити “Салянованы колдойлу!” деген баш тема менен бүгүнкү санын ачып, журналист Бурул Мусабекованын коррупцияга каршы күрөш кезинде Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө да ушинтип башталганын, чоң кызматтагы далай чиновниктер камакка алынып, мыйзам алдында жазасын тартканын, 20 жылдан бери элдин канын соруп байыгандардын акыры Кудай алдында “отчет” берчү сааты келип жеткенин, карапайым калк түп көтөрө уурулардын мыйзам алдында жазаланышын каалап да, колдоп да жатканын, андыктан өлкөнүн башкы прокурору Аида Салянованын темирдей бекемдигин, чечкиндүүлүгүн колдоо керектигин билдирди.

“Замандаш” бирикмесинин деректири Майрамбек Жапаровдун “Эки миңден ашык кыргыздар Орусия түрмөлөрүндө жатат” деген маеги жана “Манас жаңырыгы” телерадиокомпаниясынын деректири Темирбек Токтогазиевдин Кытайга жасаган эл аралык экспедициядан кайтып келгендеги баянын тартуулаган “Беш Бээжинге сапар” деген макаласынын алгачкы бөлүгү менен таанышасыздар.

“Асман press” гезити “Акматбек Келдибеков кызыл кулакпы, же бийликтин өч алуусубу?” деп суроо салды эле, укук коргоочу Рита Карасартова: Эгер прокуратура Келдибековдон башка кишини дагы ушундай берене менен жоопко тартса, мен бул тазалануу дегенге кошулам,-деп;

“БЭК” партиясынын башчысы Руслан Бекназаров: Келдибековдун күнөөлүү же ак экенин тергөө органдары аныктай берсин,-деп;

Юрист Жоомарт Жолдошев: Бийликтегилер казынадан ар түрдүү схемалар менен акча уурдоону көнүмүш адатка айлантып алышкан. Келдибеков дал ошондойлордун заманындагы адам. Мен үчүн шектенүүгө толук негиз бар,-деп;

Келдибековдун коомдук жардамчысы Шаирбек Маматокторов: Коюлган күнөөнүн баары саясый куугунтук. КСДП, “Ата Мекен”, “Ар-намыста” жалаң апакай периштелер отурабы? Ош окуясы, банк ячейкалары, мародерлук, Улуттук гвардиянын аймагындагы курулган үйлөр, “Бишкек ликер” заовдунун ит бекер сатылышы, булар тууралуу сөз жүргөн жок,-деп;

Депутат Абдыманап Кутушев: Бул саясий заказ эмес экендигин билем. Анткени Башкы прокуратура жөндөн жөн эле иш козгобойт,-деп;

Токтогул Какчекеев: Бул жерде саясаттын жыты да жок. Болгону кызыл кулактык, коррупция бар,-деп жооп берди.

гезити бул санын Урмат Кыдыкбеков аттуу автордун “Келдибековдон кийинки кезек Иса Өмүркуловдобу?” деген макаласы менен ачты.

Ушул эле “Асаба” гезитине Бишкек Эркин экономикалык аймагынын генералдык деректири Орозбек Нусувалиевдин “Сот Жанышбек Саятов корейлерге сатылып кетти” деген ат менен маеги басылды. Орозбек мырза корейлик фирманын кишилери “Гүлдөтөбүз, Кыргызстанга миллиарддаган инвестиция апкелебиз!” деп келип, берилген жердин таш-талканын кантип чыгарганын, фирманын мамлекетке зыянкеч мамилесине каршы тураары менен акчага жалданган журналисттерди агытып, анан “Вечерний Бишкек” гезити аны 20 жылдан бери жамандап жазып келгенин, жаманатты кылгандарга Майрам Акаеванын айылдаштары Назира Бейшеналиева менен Кошоев дегендер кошулганын, Назира деген Ли Жон деген корейдин келинчеги болорун, андан үч баласы барын, айтор Бишкек Эркин экономикалык аймагын сактап калыш үчүн канчалаган жаманатты, жалган жалааларды угуп, ушактын кир суусун кечип келип, акыры туш-туштан алкын агыткан уурулардын жолуна бөгөт койгонун кенен баяндап берди.

“Асаба” гезити ошондой эле Финансы министрлигиндеги айрым кызматкерлердин айлыгы 150 миң сомго чейин жетерин, бул айлык Акылбек Жапаровдун убагында коюлганын, депутат Калматов муну “мыйзамдашкан коррупция” деп жүйөлүү аныктама бергенин маалымдады.

Гезит муну менен бирге эле депутаттар мүрзө мыйзамын жазып атканын, мыйзамга ылайык адам көз жумганда жер бекер берилиши керектигин, болбосо Чүй боорунда, айрыкча Бишкекте адам өлүмүн жайына коюу да коррупцияга белчесинен батканын, маселен көз жумган адам жата турган эки метр жер да сатылып келатканын, баасы 15 миңден 20 миң сомго чейин жеткенин, мыйзам менен токтотпосо дагы өсө берерин жазды.

“ПолитКлиника” гезити депутат Турсунбай Бакир уулунун “Скинхеддер мигранттар иштеген жерге келип, документтерин текшерет экен” деген ат менен интервью берди. Депутат Орусиянын Мамдумасынын төрагасы Нарышкиндин жеке чакыруусу менен барып, бир далай орус депутаттары менен жолугуп, мигранттардын маселеси боюнча сүйлөшүп келгенин кеп кылды. Ал ошондой эле мигранттар өздөрү Кыргызстанга пайдасынан зыяны көп болсо Бажы биримдигине кирбей эле койгула деп айтышканын, декабрь айында парламентте мигранттар маселеси боюнча Өкмөттүк саатты сунуштаганы жатканын сөз кылды.

“Учур” гезити “Ата-Журт” партиясынын өкүлү Азамат Кенжебаевдин “Бүгүнкү бийлик кыргыз улутуна каршы саясат жүргүзүүдө!” деген аталыштагы маегин сунуш кылды. Сүйүн Мырзаев аттуу автордун “Кара-Кечедеги чатак күчөйбү?” деген макаласы басылып, анда Нарын облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков Кара-Кеченин каймагын “калпып” алуу максатында жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн келишим түздүрүп, эки кичинекей экскаватору жана көмүр жүктөгүчү менен аренда акы алып, марып атканын, бүгүнкү күнгө эле Кара-Кечеден 2.5 млн. сом аласасы барын, мына ушундай жеке кызыкчылыктарды канааттандырган келшимдерден улам “Кыргыз-Көмүр” ишканасы 60 млн. сом карыз болуп, банкрот абалына кептелгенин кеп кылды.

“Ош шейиттеринин” жетекчиси камалды

“Ош шейиттеринин” жетекчиси камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

"Кыргызстандын" тагдыры чечилип калды

Москвадагы "Кыргызстан" соода борбору

Кыргыз өкмөтү Москвадагы “Кыргызстан” соода борборун жеке эмес, мамлекеттик ишканага бермей болду. Анын иштөө принциби жана форматы да өзгөртүлөт. Бул маселе келерки жылдын башында чечилиши керек.

Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда жайгашкан “Кыргызстан” соода үйүнүн айланасындагы талаш-тартышка кыргыз өкмөтү чекит коюуну көздөп жатат. Бул маселени Орусиядагы кыргыз диаспора өкүлдөрү жакында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен Москвада жолуккан учурда да көтөрүшкөн.

Кыргыз эл артисти, Акыйкатчы институтунун Москвадагы өкүлү Акылбек Мураталиевдин белгилешинче, Орусияга келген кыргызстандыктардын башын бириктире турган маданий борбор жок болууда. Диаспора өкүлдөрү “Кыргызстан” соода үйүнүн бир канатын мына ошондой руханий пикир алмашчу очокко айлантууну максат кылып жатышат:

- Кыргызстанга берилген павильонду жеке менчикке колдонулууда. Ал жердеги ресторан, ар кандай фирмалар көп жылдан бери жеке бир адамдын кызыкчылыгына иштеп жатышат. Бул жерде Кыргызстандан келген жарандардын улуусу болобу, кичүүсү болобу бара турган жери, чогуу отуруп баарлашчу түндүгү жок. Диаспора өкүлдөрү чогулганда кайсы бир кафенин бурчуна олтуруп сүйлөшкөн учурлар болот. Анын үстүнө бул жактагы уруш-талаш, бири-бирин тономой өңдөнгөн көрүнүштөр руханий байлыктын жоктугунан болууда. Канчалаган мигранттардын балдары кыргыз тилин билбей калды.

Орусия өкмөтү Москвадагы мурдагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунун (ВДНХ) аймагында жайгашкан соода үйлөрүн иштетүү үчүн мурунку союздук республикалардын өзүнө ижарага берген. Ижара акысы келишимдерге ылайык, символдуу түрдө жылына 1 рубль. Кыргыз өкмөтү 2008-жылы өзүнө бөлүнгөн эки кабаттуу имаратты иштетүү тууралуу “Кыргызстан соода үйү” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом менен беш жылдык мөөнөткө келишим түзгөн. Ага ылайык, аталган уюм Кыргызстандын ишкердик борборун түзүү, адистешкен көргөзмө жана жармаңкелерди, ар кандай максаттагы иш-чараларды өткөрүү милдетин алган. Бул келишимдин мөөнөтү ушул жылдын декабрында бүтөт.

2009-жылдан бери бул соода үйүн кыргызстандык ишкер, Орусиянын жараны Кубанычбек Кожоев иштетип келет. Диаспора өкүлдөрү анда менчик медицина борборунан тартып, авиакомпания, ресторанга чейин Кожоевдин чөнтөгүнө ижара акы төлөп турат деп доомат коюшкан.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо Москвадагы жолугушууда Кожоев имаратты бошотуп бериши керектигин белгилеген:

- Айтып кой Кубанычка, Кубаныч ээ аты? Болду эми, эки-үч, беш жылдан бери байыды өткөрүп берсин. Чыр кылбасын, чыр кыла турган болсо мен чырдашам. Болду өткөрүп берсин. Элчиге тапшырма берип атам, элчи көзөмөлгө алсын. Экономика министрлигинин да кызыкдар жери бар экен. Аны да айтканбыз. Орусия аны Кыргызстанга, өкмөткө берген. Анан “кол ийрисине тартып кетет” деген болбойт да. Кубаныч менин иним болот. Болду тойду, жетишет берсин. Ал өкмөттүкү.

Кожоевге аталган соода үйүн иштетүү уруксаты Акылбек Жапаров экономика министри болуп турган учурда берилген. Жапаров “убагында имаратты кимдир бирөөгө иштетүүгө бербесе, орус өкмөтү алып коймок”, - деген пикирин билдирген болчу.

Диаспора өкүлдөрү доомат арткан ишкер Кубанычбек Кожоевдин белгилешинче, “Кыргызстан” соода борборун ремонттоп, оңдоого 2 млн. доллардай каражат кеткен. Азыр кыргызстандык ишкерлер бул жерге жыл бою өздөрүнүн продукцияларын коюп, анын айынан бир канча түз келишимдер түзүлдү.

- Чыгып кеткиле дегендей, бул жерде бирөөнүн батирин алып, чемодан менен кирип жашап алган жокпуз. Бүгүн ачкычты бергиле десе, кайра чемоданды көтөрүп чыгып кеткендей жөнөкөй батир эмес. Бул жерде мамлекеттик деңгээлде мамиле жасаш керек. Бул үйдү жасаганга кеткен каражатты ким төлөш керек? Баш-аягы 2 млн. доллардай каражат кеткен. Аны ким төлөш керек? Журналисттер төлөш керекпи, же бул жөнүндө айткан коомчулук төлөш керекпи, же бюджеттен төлөнүш керекпи? Инвестор катары өзүбүздүн мекендештерди биринчи ирет чакырып алып, каражатты киргизгенден кийин кете бергиле деген бул эмне? Анда кайсы инвестор келет Кыргызстанга, ал эмес өзүбүздү “кидать” этип атса.

Кожоев эч кимден каражат сурабай эле ремонт иштерин жүргүзүп, оңдоп-түзөсө Орусия башка деле имараттарды 1 рублга ижарага берээрин белгилөөдө. Ал атайын комиссия алардын ишин текшерүүсүн да сунуштап жатат:

- Анча-мынча ижара акы төлөгөндөр да бар бул жерде. Себеби, бул имараттын коммуналдык төлөмдөрү да көп. Мисалы миң доллардан 2 миң долларга чейин жылуулук бергенге төлөнөт, электр энергиясы, суу, канализациясы бар. Бир үйдү түптөсө ошону талашкан өтө уят нерсе, уят.

Ал ортодо Кыргыз өкмөтү Москвадагы “Кыргызстан” соода борборун мамлекеттик ишканага бермей болду. Экономика министри Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анын иштөө принциби жана форматы да өзгөртүлөт. Бул маселе келерки жылдын башында чечилиши керек. Экономика министрлиги Орусиянын Мамлекеттик мүлк органы менен жаңы келишимге кол койду. Анын негизинде жаңы оператор менен келишим түзүлүп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетүү боюнча чечим кабыл алынат.

- Кожоев бошотушу керек бүгүнкү күндө. Алардын кол койгон келишими Орусиядагы органдардан эч кандай каттоодон өткөн эмес. Канча акча кетирдиңер, колуңардагы документтерди көрсөткүлө, бергиле деп атайын комиссия түзүп жөнөтсөк, бир дагы документ көргөзө албай койду. Жалпысынан эле ушунча миллион рубль кетиргенбиз деп айтып жатышат. Колдорунда тактап бере турган кагаздар жок. Биз эми ошол жерге акча каражат топтоп, Кыргызстандын күндөрүн, ар түрдүү жармаңке өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө атайын дагы фонд түзөлү деп жатабыз. Жалпысынан алардын иштөө принцибин өзгөртүп, түшө турган акча бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, толук Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей тургандай ачык, таза схема кылабыз.

Сариев белгилегендей, талашка түшкөн соода үйүнүн бир канаты Кыргызстандын маданий борбору болот. Анда Кыргызстандын продукцияларын көрсөтүүгө, жармаңке өткөрүүгө шарт түзүлөт. Мындан сырткары айрым мамлекеттик органдар, мисалы Миграция, Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү иштейт. Ал эми айрым чыгымдарды төлөө, оңдоп-түзөө иштери үчүн соода үйүнүн кайсы бир бөлүгү кайра эле ижарага берилет.

Буга чейин “Кыргызстан” соода үйүндө айланып жаткан акчада Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын үлүштөрү да бар экени айтылып келген. Мурдагы союзга кирген өлкөлөрдөн аталган аймакта Белорус, Армения жана Кыргызстандын гана борбору иштейт. Казакстан эми ишететүүгө камынууда.

Видео жаңылыктар, 27-ноябрь, 2013

Видео жаңылыктар, 27-ноябрь, 2013
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Милиция кызматкерлери кыйноого шектелүүдө

Мирбек Тешебаев кыйноого кабылгандан кийин. (Сүрөт "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунан алынды)

Башкы прокуратура Мирбек Тешебаевди кыйнады делген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине 4 берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган Мирбек Тешебаевдин арызы боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалиев “Азаттыкка” тастыктады.

- Башкы прокуратура тарабынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кыйноо, пара талап кылуу жана адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактылары боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул боюнча прокуратурага 18-ноябрда бир тууган Тешебаевдер кайрылган.

Баса белгилей кетчү жагдай, буга чейин Ички иштер министрлиги бул фактыны укук коргоочулардын пиар-акциясы деп атап, жокко чыгарып келген. ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов милиция кызматкерлерин айыптоого али эрте экенин айтууда.

- Кылмыш ишинин козголушу алардын күнөөлүү экенин далилдебейт. Ал эми алардын күнөөсү бар-жогун сот гана аныктайт. Ага чейин милицияны бир тараптуу каралай берген туура эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Тешебаевди 4,5 млн. доллар уурдаган каракчылыкка шектүү адам катары кармап, кылмыш ишин мойнуна алдыруу максатында кыйнашкан жана аталган ишти жабуу үчүн 5 миң доллар талап кылышкан. Милициянын кыйноосуна чыдабаган Тешебаев өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып асынып алган.

Бишкекте ооруканада жаткан Мирбек Тешебаевдин абалы оор экенин анын адвокаты Динара Медетова билдирди.

- Тешебаев азыр ооруканада. Абалы өтө оор болгондуктан сүйлөй албайт. Опер кызматкерлер сабаган, психологиялык басым жасап, ар кандай нерселерди айтып коркутушкан. Ошонун негизинде Мирбек Тешебаев өзүн-өзү асканга мажбур болгон.
Кыйноонун түрү өзгөрдү десек болот. Маселен, жаранды милиция бөлүмүнө чейин эле сабап, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алып, керектүү жерлерге кол койдуртуп алышат.
Бакыт Рысбеков

Кыйноо фактысы боюнча алгач 18-ноябрда “Кылым шамы” укуктук борборуна Мирбек Тешебаевдин досу Фархат Юлбасаров арыз менен кайрылган. Аталган борбордун жетекчиси Азиза Абдрасулова милиция кызматкерлеринен Фархат да таяк жегенин, кыйноо Суусамырдан эле башталганын ачыкка чыгарды. Ал Мирбектин өзү муунганынан да күмөн санайт.

- Милиция кызматкерлери Мирбекти Оштон Бишкекке алып келатып Суусамырдан жарым жылаңач кылып сабап, “ооба, акчаны мен алгам" деген түшүнүк кат жаздырып алышкан. Кийин Бишкектеги “Жалал-Абад” кафесинин жанындагы бир үйгө алып келишип, Фархат менен Мирбекти эки башка бөлмөдө сабашкан. Алардын башына желим баштыктарды кийгизип, денесине тамеки басышкан.

Абдирасулова тергөөнүн калыс өтөрүнө ишенбейт. Анткени милиция кызматкерлери жабырлануучунун агасына чалып, “арыз жазбайм дебедиң беле” деп коркутушкан.

- Жок дегенде Бишкектин прокуратурасы Ош менен биргеликте иштешсе болмок. Эми бул ишти Ошко тапшырып коюшуптур. Ош прокуратурасы ишти аягына чыгарат дегенге ишенбейм. Анткени баары эле чогуу жүрүшкөн, бири-бирин тааныйт. Чай ичишет десек да болот.

Кыргызстанда кыйноонун формасы өзгөрдү. Мындай оюн кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков ортого салды.

- Кыйноонун түрү өзгөрдү десек болот. Мурда кыйноолор ички иштер бөлүмүндө же ага жакын аймакта болгон болсо азыр милиция кызматкерлери ошого чейин эле өз ишин бүтүрүп жатат. Маселен жаранды милиция бөлүмүнө чейин эле сабап, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алып, керектүү жерлерге кол койдуртуп алышат.

Прокуратуранын маалыматында, 2013-жылдын тогуз айында кыйноолор боюнча 208 кайрылуу катталган. Алардын 11и боюнча кылмыш иши козголуп, 8и сотко өтсө, 2 кылмыш иши тергөөдө. Кыйноолор тууралуу кайрылуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31 пайызга азайган. Деген менен милициянын кыйноолорунун баары эле ачыкка чыга бербейт. Укук коргоочулардын айтымында, жарандар сотко ишенбегендиктен кыйноо фактылары боюнча арызданышпайт жана болгон окуяны милициядан коркуп жашырганга аракет кылышат.

Абакта кыйноого кабылган аялдар аз эмес

Бишкектин четиндеги Степное айылындагы аялдар түрмөсү, 18-февраль, 2011.

Тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого эркектер эле эмес, аялдар да кабылып келет.

Укук коргоочулар статистика боюнча аялдар тууралуу фактылар аз болгон кыйноонун мүнөзү эркектердикинен жумшак эмес дешет. Ал турсун сексуалдык зомбулукка учурагандары бар. Ал эми Ички иштер министрлиги мындай маалыматтарды четке какса, Башкы прокуратура кыйноо фактылары быйыл кыскарганын билдирди.

Тергөө абагындагы зомбулук

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кыйноо фактылары быйыл кыйла азайганы тууралуу отчет берди. Бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар болсо буга ишенбейт.

Керек болсо кылмышка шектелип кармалган аялдар да күч органдарынын зомбулугуна кабылып жатканын “Эркиндик үнү” коомдук уюмунун укук коргоо боюнча программаларынын координатору Асел Койлубаева айтып берди.

- Мамлекеттик органдар албетте кыйноо азайганын, чара көрүп укмуш иштеп жатышканын айтышат. Бирок андай эмес. Кыйноо фактылары бардык жерде бар, бизге күндө билдирүү түшүп турат. Мисалы кечээ эле тергөө абагында эки кыз уруп-согууга дуушар болгону тууралуу маалымат келди. Бирөөсү тергөөчү тарабынан сексуалдык зомбулук көргөн. Ал 17 жашта экен. Азыр муну тактап жатабыз.

Эсеп боюнча аялдарга карата кыйноо фактылары эркектердикине салыштырмалуу аз. Бирок укук коргоочулар ал мүнөзү боюнча эркектердин денесине келтирилген залака жана психикалык басымдан айырмасы жок дешет. Көзөмөлдөөчү орган - Башкы прокуратура аялдарды бөлүп статистика чыгарбайт. Мисалы, “Эркиндик үнү” уюму азыр кыйноого кабылган үч аялдын иши менен алек. Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо уюмуна быйыл бир аял кайрылып, өткөн жылдардан бери созулуп келаткан 5 фактыны териштирүүдө.

Уюмдун адвокаты Рыспек Адамалиев эки жылдан бери кыйноо фактысы боюнча иш козголбой келаткан кыздын окуясына токтолду:

- Ал кыз камалганда жашы жете элек өспүрүм эле. Кармоо учурунда кыйноого кабылган. Ал адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. Кыйноо фактысы боюнча бир нече жолу кайрылып, иш козгото алган жокпуз. Денесине алган запкыдан жана психикалык басымдан улам жапжаш кыз азыр оорукчан, баса албай калды. Басалбаган кызды үй камагына бошотсоңор да качып кетпейт десек да сот же өкүм чыгарбайт, же бошотпойт.

“Эркиндик үнү” уюму болсо үйүнө келип коюп кеткен милиция кызматкеринин айынан сөөгү сынган аялга операция жасатты. Уюмдун өкүлү Асел Койлубаеванын ишениминде, жарандык коом же тиешелүү органдар билбей калган фактылар көп. Катталгандары боюнча, “кыйноо” беренесине ылайык ушуга чейин бир да адам жоопко тартылган эмес.

- Мисалы кыйноо боюнча прокуратурага 200 арыз түшсө, анын онуна иш козгошу мүмкүн. Анын дагы жарымын кыскартып, ишти жаап салышат. Калганы эптеп-септеп сотко өтүп, ошол жерде баары токтойт. Ушундай тенденция болуп калды. Бул берене боюнча эч ким жоопко тартыла элек.

Башкы прокуратура быйыл тогуз айда кыйноого байланыштуу 208 кайрылуу келсе, 11и боюнча иш козголуп, 8и сотко өткөнүн билдирди. Калган фактылардын көпчүлүгүндө кайрылган тарап арызын артка алгандыктан иш козголбой калып жатыптыр.

Менин милициям... мени кыйнайбы?

Көзөмөлдөөчү органдын ага прокурору Санжар Абжалов кыйноо боюнча жазасын алгандар бар экенин айтып, жогорудагы билдирүүлөрдү төгүндөдү.

- Бир топ иштер козголуп, күнөөлүүлөр жазасын алып келатышат. Кыйноого көбүнчө милиция кызматкерлери барууда. Прокуратуранын кызматкерлери тарабынан ошондой факт катталса, биздин тиешелүү бөлүм аларга да чара көрүүгө даяр. Негизи азыр көп текшерүүлөр жүргүзүлүп, кыйноо фактылары боюнча иштер жасалып жатат.

Укук коргоочулар болсо “карга карганын көзүн чокубайт” болуп, милиция сыяктуу күч органынын үстүнөн арыздансаң, аны дагы бир күч кызматкери карагандыктан иш козголбой калууда дешет. Алар адамдар убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылып, анан арыз жазса ал тиешелүү органга жетпей да каларын айтышты. Анын үстүнө мыйзамда боштуктар бар. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кармалган кылмышка шектүүнүн статусу так аныкталбагынын да кошумчалашты.

Ал эми кармоо учурунда “кылмышты мойнуна алдыруу үчүн же акча өндүрүү максатында шектүүнү уруп-согуп, башына желим баштык кийгизип, аялдарды чачынан сүдүрөгөнгө чейин баргандар - милиция кызматкерлери” делген маалыматтарды Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов жокко чыгарды.

- Ошондой фактылар боюнча силердин далилиңер барбы? Азыр Кыргызстанда ар кандай сөз айтылат. Укук коргоочулар каалаганын айта берет. Андай фактылар жок.

Жатак жана тергөө абагындагылардын санын кошпогондо Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагында 300дөй адам кармалат. Өлкө түрмөлөрүндө атайын аялдар жатып дарыланчу медициналык жай жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG