Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 11:02

Кыргызстан

Байыркынын издери

Өкмөт башчынын Ошко сапары күдүк ой жаратты

27-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ошко иш сапары менен барып, күч органдары менен жабык эшик артында жыйын өткөрүп кайтты. Ага тургундардан жана журналисттерден эч ким катышкан жок.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Ошко болгон бир күндүк сапары тууралуу коомчулукка жана журналисттерге алдын ала маалымдалган жок. Ал келээри менен Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген интернатына жаңы жылдык белектерди тапшырып, №52 орто мектептин спортчу окуучуларына атайын сыйлыктарды берди.

Андан кийин Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарынын күч түзүмдөрүн чогултуп, жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Анда жаңы жыл алдындагы коопсуздук, коомдук-саясий маселелер талкууланганы кабарланууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабар тараткандай, Жантөрө Сатыбалдиев жыйында буларды айткан:

- Жаңы жыл күндөрү милиция жана башка күч түзүмдөрү толугу менен күчөтүлгөн тартипке өтүшү керек. Майрам күндөрү жана андан кийинки күндөрдөгү тартип толук сакталышы кажет. “Ыйыктар” Кыргызстанда жок жана болбошу керек. Аймакта кырдаалды курчутуп, дестабилдештирүүгө алып келгендер мыйзам чегинде өз жазасын алат.

Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Бирок журналисттер чогулушка катышпаганы үчүн ал жердеги көп маселелер белгисиз бойдон калды. Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев премьер-министрдин сапарын башка маселелер менен байланыштырат:

- “8-январда Ош шаарында массалык башаламандык орун алат. Жаныш Бакиев Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдун инисинен акча берип жиберди” деген маалыматтар Минсктин маалымат сайттарына чыгып кеткен. Бул тууралуу күч органдарына да маалымат келген экен. Ошондуктан ушул маселелерди алдын алуу үчүн өкмөт башчы атайын Ошко келип, жабык эшик артында тартип коргоо органдары менен жыйын куруп атат. Жаңы жылда, же андан кийин кандайдыр бир окуялар орун алса, анда аны күч менен болсо да басып калышат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары, өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү Ош шаарынын мэринин айланасындагы маселелер боюнча көптөн бери Ошто жүрүшкөндүктөрүн жазып чыгышканы бар. Мэрди шайлоо күнү белгиленгенден кийинки Сатыбалдиевдин сапарын ушуга байланыштыргандар да жок эмес:

- Албетте бул сапар Ош шаарынын мэринин шайлоосуна да байланыштуу. Анткени белгилүү болгондой, азыр аймакта бир топ топтор биригип, чоң бир оппозициялык блок түзгөнү жатышат. Алардын алгачкы жыйындары январь айынын башында болушу мүмкүн. Ошого карата күч структурасы бийликтин көзөмөлүнөн чыгып кетпесин деген маанайда да келиши мүмкүн. Негизи шаар мэрин алмаштырууга борбордук бийлик кызыкдар да. Балким бул иш сапарда ошол да максат бардыр.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 15-январга белгиленген. Аны шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Бирок кээ бирлери шайлоо жыйынтыгы мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тарабына чечилбейт деп азыртадан эле бүтүм чыгарып коюшту. Анткени анын “Улуттар биримдиги” партиясы шаардык кеңеште азчылыкты түзүп калды. Бирок эгер Мырзакматов утулуп калса, аймакта массалык нааразылыктар башталат деп дүрбөгөндөр бар. Ош шаарынын жашоочусу Тургунайым Айтиева:

- Кырдаал жакшынакай эле. Бул бийликтер өздөрүнөн өздөрү коркуп эле ар кандай иштерди кылып атышат. Кечээ келип жашыруун жыйын өткөрүп кеткенинин себеби да ошондо. Жаңы жылды тынч эле өткөрөлү деп атабыз. Мурунку мэр өзү деле “мен дегендин баары, келечекке жакшы план койгон кишилердин каалаганы келип шайлоого катышып көрсүн” деп айткан. Ал өзү деле ушундай бир мыйзамдуу кармашуу өткөрөм деп айтып жатпайбы. Менимче шайлоо маселесинен от чыгат деп эч кандай кыжаалат болуштун кереги жок.

Айтиеванын белгилешинче, өкмөт башчынын коомчулукка ачыкка чыкпай жолугушуу өткөрүп кеткени түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда:

- Тынч жаткан элди өздөрү кооптондурууда. “Премьер-министр келиптир, күч органдарына тапшырма бериптир, дагы эмне болуп кетет экен, эртең кантет” деп эл кооптоно берет да. Мына көчөлөрдө деле, борбордук аянтта деле милицияларды толтуруп коюптур. Акимиаттын ичинде деле күч структура кызматкерлеринин адамдарын көбөйтүп атышат. Эмне кереги бар мунун? Баягы эле жаңы жыл, баягы эле майрам салтанат менен жүрөт эле. Чоң белгиси бар суроолорду өкмөт, бийликтер өздөрү жаратып атышат...

Ошентсе да күч органдары Ош аймагында кырдаал стабилдүү экенин айтып, жаңы жылга карата даярдыктар жылда көрүлүүчү аракеттер экенине ишендирүүдө. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков буларды айтты:

- Учурда Ош шаарында жалпы коомдук-саясий абал туруктуу. Жашоочулар, коноктор кадимки турмушу менен алек. Ишканалар, мекемелер, дүкөн-соода жайлар жана социалдык объекттер иштеп атат. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 30-декабрдан 1-январга чейин күжүрмөн жогорку даярдыкта иштешет. Майрамга карата шаардыктардын, калаага келген коноктордун коопсуздугун сактоо максатында бир топ иш-пландар мерчемделген.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ошко 3 айдан бери эми келип отурат. Учурда Ош шаарынын мэринин милдетин Алымжан Байгазаков аткарып атат. Өкмөттүн буйругу менен мурдагы мэр Мелис Мырзакматов кызматынан кеткен. Ал азыр шайлоого карата кызуу даярдыктын үстүндө экени айтылууда.

Жаңы жыл тосуп жатам

Шыпшынат кары адамдар, көрдүңбү мезгилдин күчүн дешип. Картайып жатабыз дейт, жаңы жыл кирип келген үчүн дешип. А жаштар күндө майрам, кечелерде, ырдашып, бий бийлешет күпүлдөшүп. Жылкы жылын утурлай баратабыз, баарыбыз үмүтү зор жүрөктү дүкүлдөтүп.

Аркага кылчаямын. Эски жыл. Мен аны эч качан жерибегем. Баратам жаңы жылга өтүп бараткан жылдын өрт болгон деми менен. Коштошуп турат азыр, кол булгап жылан жылы мени менен.

Эски жыл кошо кетти отставкага, чоң шаарларды башкарышкан эки бирдей мэри менен. Эски жыл, эл менен аянттарда топтошуппуз, бийликке жетүүчүдөй, зор болуп кетүүчүдөй мекенчил адамдарга окшошуппуз. Биригип партиялар, өмүр бою ажырабачудай достошуппуз, мага окшоп кээ жигиттер, үй-бүлө күтүнүшүп, бойдокчулук кез менен коштошуппуз.

Жакшы да, жаманын да өткөрүп башыбыздан таза-балит жерлерге бут басыппыз. Кыйынга жупташыппыз. Кызыгып ар нерсеге кызыл бир нерсе көрсөк ыкташыппыз. Кумтөрдөй кендер үчүн күйүгүп “эл-жер үчүн” парламентте парталарга урунуп мушташыппыз.

Эски жыл. Баратат өмүрдүн бир бүктөмүн ала качып. Эл жүрөт жылан жылын макташып, табалашып. Бул жылдын тынчтыгын бузгандарды, жакшы эмгек кылгандарды даңкташып-каралашып. Ошентип кетип барат жылан жылы, жаңжалы тынчтыкка, жаманы жакшылыкка, пикети тойлор менен аралашып.

Эски жыл. Бул жылы мен дагы акындыкты азыраак жандап кеттип, кичине болсо дагы эмкиге ырдан азык камдап кеттим. Саясат, иштен бөлөк, ээн-эркин жүрөйүн деп чыгармачылыкты тандап кеттим. Кечирип коюңуздар, эски жыл менен кетсин таарынычтар, кээ бирлерин ыр жазып беремин деп алдап кетип, бул жылы бирөөнү суктандырып, бирөөнү кызгандырып, бир кыздын түбөлүк колунан кармап кеттим.

Эски жыл, мен өзүңдө 25ке толуп кеттим, жаман-жакшы адаттарды жугузуп-жоюп кеттим. Кат жазып кара сөздөн, ушул жылы “Азаттыкка” блогчу болуп кеттим.

Жаңы жыл келип калды, ызы-чуу, сайран менен, узатып кучакташып эскиден калган акыркы айлар менен, күтүшүп жылкы жылды бардыгы чыдабай калган белем. Жаңы жыл тосмой баары, жоролор, коллектив бар, тууган бар дос-жары бар, кошуна-колоң менен, жакын дос жаштары бар, кафеде, ресторанда жаңы жыл оролошкон ушул күндөр өтүүдө жалаң эле майрам менен. Ойнойлу-күлөлү да эмне пайда көпчүлүктөн калган менен. Жакшына тоссоң жылды ошондой болот дешет, капалансак өтпөсүн бүтүн бир жыл арман менен.

Жаңы жылда айталы бардыгыбыз аруу тилек. Бул жыл жакшылыкка жылкыдай күлүк болсун, жакшылар жан дүйнөнү жарыткан билик болсун, элимдин зоболосу Ала-Тоодой бийик болсун. Жигиттер ушул жылы былтыркыдан түзүк болсун, мекенге үмүт болсун, кыздардай созулбай бир кыйла тирик болсун!

Кыздарды ушул жылы жалаң эле ийгилик жандап жүрсүн, каткырып күлө бербей, көчөлөп жүрө бербей, намысын кармап жүрсүн, ичтеги аруу таза, ак сүйүүсүн татыктуу жигитке арнап жүрсүн, илинип кылтагына, артынан ээрчип алып, кайра эле кетем дебей, күйөөнүн жакшыраагын тандап тийсин.

Жылкы жыл, колдосун жылан жылдын жетишкенин, оңдосун өткөн жылдын каталарын. Беришсин ата-энелер алакан алкап бизге баталарын. Ушинтип ар бириңе тилегимди кошуп жатам, узатып эски жылды, эл менен аралашып, бутуна оролошуп мен дагы жаңы жыл тосуп жатам.

Улукбек Омокеев

Аяз атага каршы чыккандар арбыды

Кыргызстанда диний ишенимине байланыштуу жаңы жыл майрамын белгилебеген саясатчылардын саны арбып барат.

“Жаңы жыл биздин майрам эмес, бул күндүн кыргыздарга, мусулмандарга тиешеси жок, аяз атага эмес, Кудайга ишенгиле” мындай илептүү билдирүүлөрдү динге берилген адамдардын интернет баракчаларынан көрүүгө болот. Алар шампанды мындай кой, маргарин майы кошулган тортту да арам деп эсептешет.

Соңку жылдары Кыргызстанда динчилдер саны артып бараткангабы, айтор жаңы жыл майрамын белгилебөөгө чакыргандардын үнү жогорку бийлик трибуналарынан угула баштады. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков диний ишенимине байланыштуу жаңы жыл тоспойт. Атүгүл анын сунушу менен парламент быйылкы жаңы жылдык кечеден баш тарткан жана ага кетчү каражатты майып балдардын мектебине которгон.

Жаңы жылды баладай күткөн президент

Деген менен “Кудай буюрса” деген сөздү оозунан түшүрбөгөн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жеткинчектердин балаты майрамында жаңы жылдын өзгөчө майрам экенине токтолду.

- Жаңы жыл өзгөчө майрам. Анткени бул күндү кичинекей бала болобу, чоң адамдар болобу өзгөчө сезим менен күтүшөт. Мен өзүм деле чоң ата болдум, бирок жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөм.

Ал эми премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Министрлерден Жаштар, миграция жана эмгек министри Алиясбек Алымкулов жаңы жыл майрамын белгилебейт жана диний көз карашын эч кимге таңуулабайт.

Элди аяз атага эмес, Кудайга ишенүүгө чакырган “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу жаңы жыл бузукулардын майрамы деген пикирде. Ал буга чейин 1-январды майрамдардын катарынан чыгаруу талабын парламентте бир канча ирет көтөргөн.

- Биз жашообузду Аяз ата сыяктуу болбогон жомоктор менен толтурбай өзүбүздүн майрамдарды белгилешибиз керек. Жаңы жыл башкалардан ооп келген. Бул күнү адамдар өлөрчө ичип, көчөдө калышат, же бири-бири менен жатып алышат. Кыргыздарга, мусулмандарга мындай бузуку майрамдын кереги жок.

Майрамга каршы туруу эмнени каңкуулайт?

Бакир уулунун маалыматына таянсак, парламентте ушул тапта 16 ажы, 10 кичи ажы жана 30дан ашык намаз окуган депутат бар. Анткен менен динди кармангандардын баары эле жаңы жылды тоспойт деп айтууга мүмкүн эмес.

“Республика” фракциясынын лидери кичи ажы Назарали Арипов жаңы жылды белгилөө ар бир адамдын өз эрки экенин айтууда. Анын ою боюнча 1-январь 365 күндүн башталышын билдирген шарттуу майрам.

- Бул күндү ар ким каалагандай тосуш керек. Жыл жаңырып жатпайбы. Биз майрамдабай койсок эле 2014-жыл келбей калбайт да. Мен үй-бүлөм менен дасторкон жайып белгилейм.

Жаңы жыл майрамына каршы чыккандар бул күндүн башкы символу болгон балаты, аяз ата жана аяз кыз мусулмандарга тиешеси жоктугун жүйө кармап келишет. Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев үчүн 1-январдын башка күндөрдөн айырмасы жок. Анын пикиринде, мамлекеттик майрамга каршы чыгуу мамлекеттик саясатка каршы дегенди туюнтат.

- Жаңы жыл мамлекеттик майрам болуп саналат. Мусулмандар дин башкармалыгы буга саясий жактан каршы эмес. Мен жана менин үй-бүлөм бул күндү майрамдабайт. Мусулмандардын Курман айт, Орозо айт сыяктуу маанилүү күндөрү бар.

Кыргыздар байыртадан 21-мартты жыл жаңырган күн катары майрамдашат. Коңшу өлкөлөрдөн тажик өкмөтү быйылтадан баштап жаңы жылдын башкы белгилери болгон балатыны, аяз атаны жана аяз кызды теледен көрсөтүүгө тыюу салды.

Видео жаңылыктар, 27-декабрь, 2013

Видео жаңылыктар, 27-декабрь, 2013
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

Кыргыз балбаны күмүш байгелүү болду

27-декабрда Минск шаарында өткөн казак күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны мөрөй алды.

27-декабрда Беларустун борбору Минск шаарында өткөн казак улуттук күрөшү боюнча төртүнчү дүйнө чемпионатынан кыргыз балбаны Санжар Осмоналиев күмүш байге утуп келди. Ал 60 кило салмакта финалга чейин жетип, алтын байгени казак балбаны Абзал Арыстанбековго алдырып койду. Дүйнөлүк таймашка 28 өлкөнүн балбандары катышты.

Жетекчинин жаңы орун басары

27-декабрда Болот Мотукеев Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка” ушул мекеменин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Мотукеев агенттиктин жамаатына тааныштырылды. Анын талапкерлигин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да колдоп, буйрук чыгарган.

Болот Мотукеев – педагогика илимдеринин кандидаты, профессор, эркин күрөш боюнча спорт чебери жана дене тарбияга багытталган бир топ китептердин автору. Андан тышкары өлкөнүн Олимпиада академиясынын жетекчиси, “Спартак” стадионунун директору болуп иштеген.

Олимпиада комитетинин алтын медалы

Быйыл Казанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарынын жеңүүчүлөрү Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков Улуттук олимпиада комитетинин алтын медалы менен сыйланды. Сыйлыкты УОКтун президенти Мурат Саралинов тапшырды.

Казандагы Универсиадада Аканов менен Кожобеков бел кур күрөшү боюнча алтын медаль жеңип келген.

Медиа лига чемпионаты

Ушул жуманын соңунда массалык маалымат каражаттарынын арасында футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталат. Ар жуманын ишемби күндөрү 11 команда өз ара беттешүүдө. Учурда 8 беттешүүнүн жыйынтыгында былтыркы чемпион НБТ телекомпаниясы алдыңкы сапта турат.

Sport.kg командасы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигин 8:4 эсебинде утуп, экинчи катарга чыкты. Коомдук телерадио корпорациясынын командасы акыркы беттешүүгө келбей калгандыктан ТОП.kg гезитинин командасына 3 упай ыйгарылды. Europa plus командасы ЭлТР телерадиосунун футболчуларын 10:4 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов кабарлады.

Бишкек мэринин кубогу

Жаңы жылдын алдында Бишкек шаарынын мэринин Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров кабарлады.

Шаардык кызматтардын эмгек жамааттарында дене тарбия жана спортту жайылтуу, үгүттөө максатында былтыртан бери Бишкек шаарынын мэринин Кубогу өткөрүлүп жүрөт.

Быйылкы мелдеш спорттун алты түрү боюнча өткөрүлдү (футзал, үстөл тенниси, шахмат, бильярд спорту, сууда сүзүү, волейбол).

Ызатбек Ратбеков - чемпион

27-декабрда Бишкекте бильярд боюна мелдеш соңуна чыкты. Мында кыркка жакын тандалган спорт чебери мөрөй талашты. Жыйынтыгында баш байгени спорт чебери Ызатбек Ратбеков жеңип алды. Зайлан Адамов экинчи, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Канат Сыдыков менен Алмаз Исабеков үчүнчү орундарды ээледи. Бул турнир тууралуу “Азаттыкка” спорт чебери Ильяс Адамов маалымдады.

Жаңы жылга жаңы редакторлор

Кыргыз тилдүү гезиттер узап бараткан жылды жыйынтыктады.

Кыргыз тилдүү гезиттер узап бараткан жылдын акыркы санын окурмандарына тартуулады. Жалпы элибизди Жаңы жылы менен куттуктаган “Кыргыз туусу” гезити “Жылдын адамы” деп президент Алмазбек Атамбаевдин атын атаса, “Фабула” гезити “Жылдын адамы” деп башкы прокурор Аида Салянованын аттарын атады. “Жылдын даанышманы” деп академик Мамбет Мамакеев таанылды.

Жыл жаңыраар маалда айрым гезиттердин башкы редакторлору да жаңырууда. Маселен “Де-факто” гезитинин башкы редактору болуп журналист Амантур Мусагулов шайланса, “Алиби” гезитинин башкы редактору болуп журналист Канышай Мамыркулова шайланды.

“Алиби” басылмасы бүгүн мына ушул башкы редактордун “Алиби” акыйкаттык үчүн” деген баш макаласы санын ачып, гезит келаткан жылы да кыргызстандыктарды оперативдүү жана фактыга таянган маалыматтар менен камсыз кылып, күндүн күрөө тамырын кармап, саясат, экономика жана укуктук жаатындагы курч макалаларга орун берерин убада кылды.

“Эки акынга түткөн Эркингүл апа” деген макалада кыргызга белгилүү Совет Урмамбетов менен Кыялбек Урмамбетов аттуу эки акындын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, биринин жары болсо, экинчисинин апасы болгон Эркингүл эженин кызыктуу маеги басылды.

“Фабула” гезити “Текебаев менен Мадеминов мушташты”, “Текебаевдин башка тентектиктери”, “Балыкчыдан баатыр келди”, “Текебаевчилер Жантөрөгө жан тартпады”, “Апрель соту белгисиз мөөнөткө жылды”, “Атамбаевдин жемиштүү сапары”, “Сириядан келген террордук уюмдун мүчөсү кармалды”, “Жолдошбаев эки аялды токмоктоду”, “Эми эсине келер”, “Сатыбалдиев жакшы айтты, бирок”, “Башкы прокуратура Акаев менен Танаевди издейт” деген майда кабарларды басуу менен “Жаманыбыз жакшылыгыбыздын алдында калсын!” деп тилек кылды.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Сауд Арабия Королдугуна баргандагы иш сапары, Ислам өнүктүрүү банкындагы жолугушуулары тууралуу маеги жарыяланды. Карабууралык Мамыркан Супатаевдин “Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгына карата” жазылган чакан макаласы жана акынга арнаган ыры да ушул гезитте.

“Де-факто” гезитинен бүгүн Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндөгү жөнөкөй сегиз суроо” деген макаланы, депутат Алтынбек Сулаймановдун “Кыргыз жылкынын кадырына жете билген эл” деген, Улуттук онкология борборунун деректири Мукаш Бейшембаевдин аталган оорунун айланасындагы көйгөйлөр, медицина, кадр маселелери тууралуу, “Мигранттарды колдоо борборунун деректири” Чолпон Осмонованын “Орусияда тажик, өзбек улутундагыларга караганда кыргыздарды көп кыйнашпайт” деген маектери жарык көрдү. Ушул эле санга берген маегин "Чыныгы мусулмандар жамаатынын" амири Нурлан Мотуев “Сирияга жихадга барууга даярмын” деп атады.

Гезитте “Равшан Жээнбеков кантип мамлекетти сатып түгөткөн”, “Оштун ханы” Мырзакматовдун көбүргөн көбүктөрү” аттуу макалалар да бар. “Де-факто” гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловдун айтымында, аталган гезит өткөн санында 140 миң нуска менен, жарыкка чыкса, бүгүн 100 миң нуска менен басылып чыкты. Бул Кыргызстандагы басылмалардын ичиндеги рекорддук нуска болуп саналат.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын президент Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана барат” деп айткан сөзү менен ачып, “Газпром” ишенимдүү өнөктөш, “Ислам дини ушундай дааватчыларга муктажбы?”, “Жол кайгуулдагы паракорчулук схемалардын бети ачылды”, “Коррупцияга көмүлгөн кыргыз көмүр” аттуу макалаларды, жаңы жылдык ой-тилек, куттуктоолорду тартуулады.

“Жаңы агым” гезити “Ала-Тоодон үчөө” деген теманын алдында башкы прокурор Аида Салянованы, ички иштер министринин 1-орун басары Бактыбек Жусубалиевди, УТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаевди “жылдын мыктылары” деп атады. Кумтөр маселесин чечүү келаткан жылга калганын, дал ушул Кумтөрдүн айынан өкмөт садага чабылары же парламент мөөнөтүнөн мурда таратылары да жылкы жылында белгилүү болорун кабарлады.

Көз карандысыз эксперт Искендер Шаршеевдин оюнча Бажы биримдигине кирсек, эл жанын багып келаткан чоң базарлардын баары кыйынчылыкка туш келип, товарлардын баасы кымбаттайт. Нурсултан Назарбаев болсо Бажы союзуна жаңыдан мүчө болгусу келген мамлекеттерге жеңилдик берилбей тургандыгын айтты. Демек бул деген Казакстан Орусияга биздин товарларды өткөрбөй тозокко сала берет дегенди билдирет.

Үчүнчүдөн, кирешеден куржалак калабыз. Себеп дегенде Бажыдан чогулган акчанын баары ЕврАзЭШтин бюджетине барып түшөт. “Мына ушул жагдайларды карап туруп эле Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушунун кереги да, пайдасы да жок деген бүтүмгө келсе болот” деп айтты эксперт. "Жаңы агым” гезити “Агаларына тиш салган” жаңы жүздөр жана алты манасчы күтүп жаткан үй качан колго тиет?” деген ат менен журналист Зайырбек Ажыматовдун макаласын да окурмандарга тартуу кылды.

“Усама” аттуу кыргызстандык жихадчы кармалды

Сириядагы согушка катышып келди деген шек менен Кадамжай районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

1987-жылы туулган Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургуну Алишер Абдукахаров эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон жана Сириядагы согушка катышкан. Баткен облусунан Сириядагы согушка кетип жаткандар тууралуу буга чейин да айтылган.

УКМКнын билдиргенине караганда, 1987-жылы туулган Кадамжай районунун тургуну Алишер Абдукахаров 16-декабрда терроризмге каршы жүргүзүлгөн күрөштүн алкагында кармалды.

Атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов анын эл аралык террордук уюмдагы каймана аты “Усама” болгонун билдирди.

- 2012-жылдан тарта ал “салттуу эмес” диний уюмдун мүчөсү болгон жана динге үгүттөмүш болуп, Баткен облусунун тургундарын эл аралык террордук уюмга тартуу ишин аткарган. Алишер Абдукахаров быйылкы жылдын майынан октябрына чейин Сирияда жүрүп, атайын машыгуудан өткөндөн кийин өкмөттүк күчтөр менен бандиттик уюмдардын ортосундагы кагылыштарга катышкан.

Алишер Абдукахаров
Алишер Абдукахаров
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин (жалданмалык) негизинде кылмыш иш козголду. Баткендин Кадамжай районунан, атап айтканда Кызыл-Кыя шаарынан Сирияга кетип жаткандар боюнча маалыматтар жазында пайда болгон. Өзүн кызылкыялыкмын деп тааныштырган 47 жаштагы Ахмаджан Хашимов ушул ай башында “Азаттыктын” өзбек кызматына Сирияда жүргөн жеринен маек берген.

Сирияга кеткендердин айрымдары түрдүү жолдор менен кайтып келсе, бирөө Сирияда каза болгондугу кабарланган. 16-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Сирия маселесине да көңүл бурган болчу.

- Ачык айтканда Сирияга кеткен балдардын көбүн алып келдик, ал жакта бир азы калды. Мындай ишти дагы жүргүзүп жатабыз. Биздин УКМК кыргыз, казак, өзбек балдарды жөнөткөн уюшулган топтор бар экенин тапты. Бул көрүнүштөр динге башкача бир мамиле кылыш керек дегенди билдирет.

Сирияда үч жылга жакын мезгилден бери жарандык согуш уланууда. Борбор Азиядан барган жихадчылар президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан куралдуу оппозицияга жардам берип, өздөрүнүн иш-аракетин ислам жолундагы жихад деп түшүндүрүшүүдө.

Диний маселелер боюнча эксперт Акылбек Салиев билимсиз адамдар экстремисттик жана террористтик уюмдардын тузагына оңой эле түшүп калууда деп эсептейт.

- Алардын ислам жөнүндө эч бир маалыматы жок. Сирияга барып, Алла жолунда жихад кылып жүрөм дешет. Мунун баары сабатсыздыктан. Экстремисттер, динди пайдаланган адамдар билими азырак адамдарды катарына тартып жатат. Мисалы, бизде да болгон “Жайшүл Махди” уюмуна кирген балдарды билимдүү деп ойлойсуңарбы?

Буга чейин да Сириядагы согушка катышып келип, Бишкекте жана Ошто бир катар жардырууларды пландаган деген Кыргызстандын эки, Казакстандын бир жараны кармалган.

Тарых: байыркыдан калган жаңы табылгалар

Ысык-Көл. Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылга. (Сүрөттөр тарыхчы Кубатбек Табалдиевден алынды)

Жергебиздин туш тарабынан табылган үч-төрт миң жыл илгерки, таш доорундагы табылгалар байыркы бабаларыбыздыкы экендиги илимде далилденүүдө.

Кыргызстанда толук изилдөөгө алына элек археологиялык жайлар жетиштүү.
Быйыл жай айларында бир нече университеттин окумуштуулары менен студенттеринен турган топ Кыргызстандын аймагында атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Алгач Нарындагы Ага-Хан университети салынчу жерди чалгындоо учурунда мындан 3 миң жыл илгери турмуш-тиричиликтен тышкары, аялдын асем буюмдары табылган. Окумуштуулардын айтымында, бул табылгалар аймакты жердегендердин дыйканчылык менен алектенгенинен кабар берет.

"Ага-Хан" фонду каржылаган бул илимий табылгалардын баалуулугу тууралуу кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору, археолог, тарых илиминин кандидаты Кубатбек Табалдиев мындай маалымат берди:

- Биздин ар бир табылгалар илимге жаңы салым кошууда. Таластын Бакайыр айылынын батыш жагында жайгашкан Кара-Кууш деген жердеги аска бетинен сүрөттөрдү таптык. Аны бизге мектепте тарых сабагынан берип жүрүп, пенсияга чыккан Асылбек Давлеталиев аттуу айыл тургуну көргөзүп берди. Ошол эле жерден VIII кылымга таандык, өтө чеберчилик менен тартылган таштагы сүрөттөрдү да таап алдык.

Нарын. Үч миң жылды карыткан буюмдар
Нарын. Үч миң жылды карыткан буюмдар
Дагы бир чоң табылга - Ысык-Көлдөгү Каракол капчыгайындагы рун жазуусу бар таш. Андагы жазуу Эне-Сайдан табылган жазууларга мааниси жагынан жакын экени аныкталып, тарыхыбызга жаңы барак ачты.

Табалдиевдин айтымында, Ысык-Көлдүн түштүгүнөн да Чыңгызхандын доорундагы буюмдар табылган:

- Кан-Дөбөдөгү биздин эң кызыктуу табылгаларга жыгачтан жасалган ээрлер кирет. Азыркы мезгилдеги биздин ат-жабдыктардын келип чыгуу тарыхын изилдөөгө керек маалыматтарды алдык. Байыркы мезгилдеги жүгөндүн жасалгаланышы, ошол мезгилдеги жылкылардын теги тууралуу да кызыктуу маалыматтарды ала алдык.

Тарыхый мааниси бар табылгаларды жергиликтүү элдер да баалап-билгени, аларды көздүн карегиндей сактоого болгон аяр мамилелери да, илимге кошкон зор салымдары деп эсептесек болот:

Суусамырдан табылган балбал
Суусамырдан табылган балбал
- Суусамырлык Мирбек деген адам, биз жакта бир балбал бар. Ошонун артында жазуулар бар болуш керек, текшерип бергиле деп бизге келген. Ал жактан аскердик балта кармаган жоокердин айкелин таптык.

Кадамжай районундагы Сел - Үңкүрдөн табылган буюмдар таш дооруна таандык. Алар байыркы Орто Азия элдери таш доорунда кантип жан сакташканынан кабар берет.

- Бул Орто Азиядагы эң байыркы эстеликтердин бири. Бул эстеликти изилдөөгө Орусия илимдер академиясынын археология институту жана Германиядагы Макс Планка институтунун антропологдору жана биздин таш доорун изилдеген адистер катышат.

Дагы бир окумуштуу тарыхчы, рун жазууларын чечмелөөчү адис Таалай Абдиев кошту:

Ысык-Көл. Кан-Дөбөдөн табылган аттын башы
Ысык-Көл. Кан-Дөбөдөн табылган аттын башы
- Чынын айтканда бизде изилдене турган жерлер абдан көп. Көп жерлерде минген аты менен чогуу көмүлгөн адамдардын мүрзөлөрү бар. Балбал болгон жерде сөзсүз түрдө жазма эстеликтер да болот. Мындай пикирди белгилүү тарыхчы Юлий Худяков мурда эле айткан экен. Айткандай эле кийин Кочкордон жазма эстеликтер табылган. Кыргызстандын бардык аймактарынан мындай жерлерди изилдешибиз керек. Былтыр эле Караколдон, жер астынан жаңы жазма эстелик табылды. Жазуу чакан гранит таштын бетине так, даана чегилген экен. Мындай ташты 1885-жылы Эне-Сайдан Проскуряков деген изилдөөчү үңкүр боорунан тапкан.

Окумуштуулардын чыныгы баалуу табылгасы бул – келечекте археологияга кызыккан таланттуу, ынтызар жаштар. Окумуштуулар, буюрса, өздөрүнүн ордун баса турган жаш илимпоздор да бар экенине кубанып жатышкандарын айтышты.

Кадамжайдагы Сел-Үңкүрдөн таш доорундагы буюмдар табылган
Кадамжайдагы Сел-Үңкүрдөн таш доорундагы буюмдар табылган
Кыргыз жериндеги алгачкы археологиялык табылгалар балбал таштар-бедиздер, таш бетиндеги жазуулар болгон.

Орто Азиянын орто кылымдагы тарыхчы-саясий ишмери Мухаммед Хайдар “Тарих-и Рашиди” деген эмгегинде Бурананын жанында жазуусу бар ташты таап окугандыгы жөнүндө маалыматты XVI кылымда жазган.

1820-жылы орус окумуштуусу, тарыхчы-этнограф Николай Александрович Аристов да кыргыз жерине келгенинде, Талас, Чүй жергесинен балбал таштарды көргөнүн жазып калтырган.

1892-жылы Пишпекке азыркы Эркиндик бульварынын, Панфилов паркынын жана Кара-Жыгач багынын дарактарын отургузган Петр Фетисов Кочкордогу эски мүрзөлөрдүн үстүнөн рун жазууларын, бедиздерди тапкан.

1898-жылы кыргыз жерине алгачкы эл аралык экспедиция Финландиянын Хельсинки шаарынан келген. Алар Таластан рун жазууларын, байыркы көрүстөндөрдү казган кезде кылыч, канжар жана башка бир топ буюмдарды тапкан.

Селсаяктар кышта кантишет?

Кыш келип, адамдар отун-суу алып даярдык көрүшсө, көчөдө ар кайсы жер төлөлөрдө түнөгөн селсаяктар кышында кандай күн өткөрөт деген суроо туулат.

"Беш кол тең эмес" демекчи, айрымдары кабат-кабат үй тандап, теңирин тааныбай асман чапчып турса, алардын эле жанында айрымдар бир кесим нан, түнөгөнгө жер таппай, эптеп күн көрүп келишет. Мындай көрүнүштүн себебин көпчүлүгү азыркы Кыргызстандын экономикасынын төмөн болушу десе, башкалары жашоонун кыйынчылыгына шылташат.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, Кыргызстан боюнча селсаяктардын эң көп саны Бишкек шаарында катталган. Биринчи май районунда – 209, Октябрь районунда – 80, Ленин районунда – 132, ошондой эле Свердловск районунда – 175, жалпы жонунан алганда 600гө жакын селсаяк бүгүнкү күндө көчөлөрдө түнөп, күн өткөрүүдө.

“Ынтымак” жаштар саясий кыймылынын мүчөсү Адил Назаров билдиргендей, 600 селсаяктын ичинен болжол менен 150сү гана эшикте калбай утурумдук баш калка алышат. Ал эми калгандары өзгөчө кыштын суугунда кантип күн өткөрөт деген суроого мамлекет тарабынын эч кандай жооп да жок, эч кандай чара да колдонулбаганын байкап келебиз.

Бишкек шаары боюнча жалгыз “Коломто” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айгүл Сманалиева "өзгөчө кышында селсаяктардын саны көбөйүп кетет. Бизге алардын баарына орун таап, батыруу кыйынчылык туудурат", - деп билдирди. Бул үйдө ар бир селсаяк күнүнө 35 сом өлчөмүндө акча төлөп, бир маал тамак менен камсыз боло алат. “Коломто” болжол менен 100 адамга кызмат көрсөтсө, суук күндөрү 200-250 адамга чейин толуп кетет экен.

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичирайонунун таштандыларынын жанында күн өткөргөн 55 жаштагы Геннадий “Биз бул жерде эртеден кечке жүрөбүз. Чоң кабаттуу үйлөрдүн ээлери бизди подъезддерден куушат. Айла жок таштандыларды жагып, жылыныш үчүн арак ичип, күн көрөбүз. Жакында биздин досторубуз тоңуп калып, көз жумушту” – деп, селсаяктардын өтө кейиштүү турмушунан кабар берди.

Акыркы бир ай ичинде IWPR кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек борбордук бейтапканасына суукка кабылган 11 селсаяк жеткирилген. Мындай учурлардын жылдан жылга көбөйүп баратышы коомдо оор тагдырга кептелип, көчөдө калган адамдардын саны кескин түрдө өсүп баратканынан кабар берет. Бул көрүнүш мындай темпте көбөйүп отурса мамлекет, коомчулук кечиктирбестен буга чара көрүү иштерин жасашы зарыл.

Бир тарабыңды карасаң заңгыраган бийик элиталуу үйлөрдөн кабат-кабат сатып алууга каражат тапкандар да көбөйүүдө, экинчи тарабыңда үстүндө баш калкалоочу жери эмес, бир сындырым нанга зарлардын да саны өсүп, сага алакан сунушат. Мунун өзү коомдо социалдык ажырымдын арасы өтө алыстап жатканынан кабар берип жаткан жокпу? Же бул капиталисттик түзүлүштүн катаал мыйзамыбы?

Арзыкүл Акматалиева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти

Гезиттер: президент оюнчук эмес

Гезиттер өтүп бараткан жыл кандай болгонун, келерки жыл кандай болорун жазып чыкты.

“Улутман” аттуу гезит жаңы жылга карата “Доор мыктыларын” атады. Ушул эле санга “Улутман” саясий партиясынын төрагасы, саясатчы жана жазуучу Сазыкбай Турдумалиевдин “Чамындылар” аттуу сандан санга жарыяланчу жаңы чыгармасы үч бетке толтура басылып чыкты.

Академик Алтай Бөрүбаев “Коррупцияга каршы күрөш артка кайткыс болууга тийиш” деп интервью берди. Кытайлык кыргыз доктору Макелек Өмүрбай уулунун “Манастагы” беш Бээжин”, илимдин доктору Аблабек Асанкановдун “Шиңжаң кыргыздары” аттуу макалалары да ушул гезитте.

“Айат” гезити “Нурлан Асанов профсоюздар федерациясынын ишине нааразы” деген кабарында бүгүнкү күндө федерациянын мүлкү 100 млн. сомду түзөрүн, анын 41 объектиси федерация мүчөлөрүнө, достору менен тааныштарына берилип кеткенин, бул деген мыйзамды одоно түрдө бузууга жатарын, ошондуктан бул ишти депутаттык комиссия иликтеп туруп, укук коргоо органдарына берүү керектигин билдиргенин жазды.

“Барометр” гезитинен журналист Тамара Козубекованын энергетика тармагын талдоого алган макаласын, Ишенбай Абдуразаков, Токтосун Самүдүнов, Гүлмира Эсенгулова, Сактанбек Кадыралиев, Каныбек Осмоналиевдин келаткан жылга карата ойлорун, Кыргыз эл артисти Марат Алышбаев тууралуу баянды, журналист Кабыл Макештин Кочкордун Шамшы айылындагы “Кыргыз тоолуу меринос” асыл тукум кой чарба заводунун башчысы Уларбек Абдырасулов менен болгон “Кыргыз ак койлору гана кризистен чыгарат” деген маегин окуйсуздар.

“Асман пресс” гезити белгилүү акын Эркалы Өскөналынын кыргыздын аттуу-баштуу уул-кыздарына арнаган “Жайдары азилдери” жарык көрдү. “Депутаттар кеп салат” деген теманын алдында 4 депутат ойлорун айтты.

Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов “Ааламдан акылмандар өрөөнүнө алтын тулпар баш бакты” деген макаласында белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Ат-Башы” кыштагына тургузган эстелик жөнүндө жакшы пикирин билдирип, жергебизди кут-дөөлөт даарысын деген аруу тилек менен оронткон Шакинин алтын тулпары Ат-Башы жерине түгөнгүс берекелерди алып келе берсин деген тилегин билдирди.

"Асаба” гезити жаңы санын Урмат Кыдыкбековдун “Жылан жылга жыл эсеп” деген макаласы менен ачып, узап бараткан жылдын саясаттагы ордун талдоого алды. Нарындык кабарчы Күмөндөр Усуптегиндин макаласы Учкун айылынын тургуну, 79 жаштагы Жаңыбай Мурзалиев карыянын жардамы менен 150 гектар аянтты жаңыдан өздөштүргөнгө мүмкүнчүлүк алганын, карыя каптал арык чаап олтуруп какыраган талаага суу чыгарганын баяндады.

Депутат Марат Султановдун интервьюсу “Жаш баланы алдагандай алдап жатышат” деп аталып, “Кумтөр”, "Центерра" жөнүндө оюн ортого салды. Өкмөттүн отставкасы тууралуу сөзүндө өкмөттүн иши 3 жылда билинерин, Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт болгонуна бир жылдан араң эле ашканын, андыктан иштеп-иштей электе эле “кетсин” дей берген туура болбостугун белгиледи.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов өз сөзүндө “Азыр күчтүү оппозиция жок” десе, “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров “Оппозициябыз деп эле будуң-чаң сала бербеш керек” деп айтты. Коомдук ишмер, белгилүү журналист Кубан Мамбеталиев “Ажону биз “ляппай таксыр” деп коркуп турсун деп шайладык беле?” деген ат менен интервью берди.

Кубан өз сөзүндө: “Эгер укуктун баары ажого кетсе, анда парламент оюнчук болуп калат. Мындай “оюнчукту” Акаевдин доорунда көрдүк. Бизге кутурган президент менен чөнтөк парламенттин кереги жок” деп айтты. Мамбеталиев муну менен бирге эле ажого күч түзүмү, УКМК, Баш прокуратура баш ийерин, буларды парламентке берүүгө болбостугун, кокус парламентке баш ийгенде фракциялар, ошол эле “Ата-Журт” “бул прокурор жарабайт, алмаштырабыз” деп чыкмагын, андыктан Атамбаев бийликти узурпациялап алды деп айталбастыгын, ажо колундагы рычагдарды коррупцияга каршы пайдаланып туура кылып жатканын айтып чыкты.

“Азия ньюс” гезитине берген интервьюсун КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков: “Келдибеков Соцфондду миллиарддаган карыздарынан кутултуп, миллиондогон кирешелер менен көтөргөн жетекчи болгон” деп атады. Буга улай эле айтылуу саясатчы Нурлан Мотуевдин “Канаданын бир фирмасына Кыргызстандын алы жетпейт жатат” деп маек курду. Журналист Ийгилик Болсунбаевдин Гүлжан аттуу аял менен маеги “Сокулук милициясы күнөөсү жок уулумду киши өлтүргүч кылды” деген ат менен жарык көрдү.

Кара-Кече кайсы топтун чөнтөгүн толтурууда?

Кара-Кече көмүрү коррупциялашкан аткаминерлер менен уюшкан кылмыш топторунун киреше булагына айланган.

Мына ошонун айынан мамлекетке өткөрүлгөн көмүр кени түрдүү кызыкчылыктагы топтордун ортосундагы тирешке себеп болууда. Натыйжада көмүр казып алуунун расмий көлөмү азайган менен, көмүскө жол менен көмүр уурдап алып чыгып сатуунун агымы көбөйгөн. Өкмөт бул маселени жөнгө салуу жолдорун издегени менен азырынча жыйынтык чыга элек.

“Каралардын” кармашы

Кара-Кече көмүр кенине көзөмөл жүргүзүүгө кызыкдар топтордун ортосундагы тирешүү кызыл-жаян мушташка айланган учурлар аз эмес. Анткени тиешелүү топтордун кенден кезексиз көмүр тартууга байланыштуу иш-аракеттери чырдын чыгышына өбөлгө түзгөн жагдай калыптанып калган. Бул өзгөчө укуктан адатта мамлекеттик бийликтин же криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү гана пайдаланып келишет. Ошондон улам уюшкан кылмыш топторунун ортосунда чыр чыгып, анын аягы кан төгүүгө чейин жеткени бар.

“Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатов мындагы көмүр ишкердиги криминалдык топтордун ортосундагы талашка айланганына токтолду:

- Ал жерде мурдатан эле “Водолаз” менен жергиликтүү криминалдык топтордун ортосунда тирешүү болуп келген. Алардын башында Капар деген адам турат. Өткөндөгү ок атышуу окуясы мына ошол тирешүүнүн туундусу болду. Булардын каржы булагы толук ошол жактан. Муну райондук жана облустук милиция башчылары менен прокуратура билет. Бирок ушуга чейин чара көргөнүн көрө элекмин. Себеби өздөрү дагы кызыкдар.

Кара-Кече көмүр кени быйыл “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын филиалы болуп кайра түзүлгөн. Ага 2010-жылы мамлекеттин карамагына кайра алынган Кара-Кечедеги Беш-Сары жана Ак улак көмүр кендери да кошулган болчу. Быйыл аталган кендеги борбордук карьерден гана көмүр казылгандыктан андан көмүр тартып чыгаруу машакаты күчөгөн.

Мындай жагдай көмүр жүктөөчүлөрдүн узун кезегин пайда кылган. Кара-Кече көмүр кенинин коопсуздук кызматынын жетекчиси Тынчтык Медербеков кендеги көмүр уурулук жана кезек күтүү машакаты чырдын чыгышына себеп болуп жатканын белгиледи:

- Чырдын көбү өзү мына ошол кезек талаштан чыгат. Эми өткөндөгү атышуу мына ошол “каралардын” ортосунда чыкты дешти. Бирок алар кимдер экенин билбейбиз. Биз бул жакка жаңы жетекчиликтин жиберүүсү менен келген элек. Анткени мында уурулук күчөгөн деген маалымат бар болчу. Ошондуктан биздин максат абалды көзөмөлгө алуу болчу. Бирок биздин келишибиз менен андагы уурулукка тоскоол болот дештиби, андагылар бизге баш ийбеди.

Кара-Кече көмүр кени быйылкы кышкы сезонго 100 миң тонна көмүр казып алууну мерчемдеген. Бирок 2013-жылдын декабрь айына карата 57 миң тоннага чукул гана көмүр казып алган. Ошол эле кезде каттоого алынбай сыртка чыгарылып, сатылып жаткан көмүрдүн эсеби канча экенин эч ким билбейт дейт андагы адистер.

Башаламан башкаруу

Техниканын жетишсиздиги, көмүр уурулук жана башкаруунун натыйжасыздыгы көмүр кенинде башаламан жагдайды жараткан. “Кара-Кече” филиалынын жакында борбордон дайындалган техникалык директору Улан Байышбеков андагы жетекчилик алмашмайынча абал өзгөрбөйт деген пикирде:

- Мында ок атышуу, карьер ураган кырсык болду. Азыр бул жакка көмүргө балдарын жөнөткөндөн коркуп калышты. Бул көмүр кени чыр-чатактын очогу болуп калды. Биз биринчи бул жактагы жетекчи кадрларды алмаштырып, ички тартипти оңдобосок, абал оор бойдон кала берчүдөй. Бул мамлекеттик ишкана болгону менен, бул жерди бир ууч топ гана көзөмөлдөп калган. Мына ошол топ кандай кааласа, ошондой болуп жатат. Алар борбордук аппаратка да баш ийбейт. Ошондуктан алардын ишмердиги текшерилип, укуктук баа берилиши керек.

Бирок мындай доомат менен Кара-Кечени 2010-жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилик макул эмес. Ишкананын коммерциялык директору Рустам Алымкулов кендеги жагдай боюнча айтылган дооматтарды четке какты:

- Каяктагы уурулук? Андай болушу мүмкүн эмес. Бул жакка “Кыргыз көмүр” ишканасынан коопсуздук жана техникалык кызматчылар жөнөтүлгөн. Мына ошолор бардыгын көзөмөлгө алып турушат. Анан кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер болду деп айтууга негиз жок. Бул эми акча бар жерде айтыла жүрчү ар кандай эле ушак сөздөр. Мында эки жетекчинин ортосундагы эле пикир келишпестиктен чыгып жаткан маселе. Башка эч кандай чатак жок.

Отун-энергетика министрлиги “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы менен анын "Кара-Кече" филиалынын ортосундагы ажырымды жөнгө салуунун жолдорун издөөдө. Буга байланыштуу эки жетекчини тең кызматтан алып, ал орундарга сынак жарыяланышы мүмкүн экени айтылууда.

Апрель соту белгисиз мөөнөткө жылды

Бул тууралуу билдирген “Мекен шейиттери” коомдук уюму ага экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун адвокатынын арызы себеп болгонун айтышууда.

Мурдагы премьер-министр, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун адвокаты Виталий Остриков декабрь айынын башында соттолуучунун иши менен толук кандуу тааныша албаганына жана издөөдөгү адамдын үстүнөн сот ишинин жүрүшү канчалык мыйзамдуу деген суроого жооп берүүсүн өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылган. Ал Конституциялык палата өз чечимин чыгарганга чейин сот отурумун токтото туруу зарыл деп, апрель сотунда өтүнүч келтирди.

Апрель сотуна төрагалык кылган Дамир Оңолбеков 24-декабрда өтүнүчтү канааттандырып, соттук отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Соттон бир көрүнүш, 22-ноябрь, 2010-жыл
Соттон бир көрүнүш, 22-ноябрь, 2010-жыл
“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариевдин айтымында, судья Дамир Оңолбеков мыйзамдар Үсөновдун үстүнөн сот ишин жүргүзүүгө уруксат берерин билип турса да, анын тактоо аракетине барганы мыйзамсыз.

- Конституциялык палата карап бүткөнчө чейин апрель соту токтоп туруш керек деп өтүнүч келтирип жатпайбы. Судья болсо анын сөзүн угуп, сотту токтотуп салды. Биз токтотулганы мыйзамсыз деп эсептейбиз. Оңолбеков алардын таасирине алдырып жатат. Эки иш бир эле учурда эки сотто карала бериши керек болчу.

Жамансариевдин оюнча, өкүм чыгарына жакындаган сайын сотту себепсиз узартуу аракеттери жүрүүдө. Ал судья Оңолбековдун чечимин жокко чыгартуу үчүн шаардык сотко апелляциялык арыз жолдоду.

- Соттогу териштирүүлөрдүн баары бүткөн, жарыш сөзгө келгенбиз. Андан кийин эле өкүм чыкмак. Ошондуктан акырына чыгарына аз калганда ушундай шылтоолорду ойлоп таап жатат. Конституциялык палатада болсо, иш беш айга чейин каралышы мүмкүн.

Экс-премьер-министр Данияр Үсөнов 2010-жылдагы апрель окуясында 90го жакын адамдын өлүмү боюнча айыпталып жаткан 28 адамдын бири. Ага эл аралык издөө жарыяланган. Үсөновдун адвокаты Виталий Остриков Конституциялык палатага жазган арызын мыйзамдуулукту сактоого болгон аракети катары түшүндүрдү.

- Эгер мен азыркы мыйзамдарды Баш мыйзамга шайкеш келтирүүнү суранып кайрылсам, бул сотту узартууга болгон аракетим болуп калабы? Биз түшүнүктөр менен эмес, мыйзамдар менен жашайлы деп кайрылганым, бул эмне сотту узартуубу? Мен мыйзамдар сакталбай жатканын айтып сотко кайрылдым. Конституциялык палата мени менен макул болобу же жокпу, өздөрү чечет. Бирок кандай гана мыйзам болбосун, ал биздики болгондон кийин баарыбыз сакташыбыз керек го.

2010-жылдын ноябрь айында башталган апрель сотунун созулуп келе жатканына үч жылдан ашты. Президент Алмазбек Атамбаев 16-декабрда жылды жыйынтыктап жатып, журналисттерге берген маалымат жыйынында апрель сотунун созулуп кетиши боюнча пикирин билдирген.

- Менин соттун ишине кийлигишкеним болбойт. Бирок бул сот иши бара-бара унутулуп калат деген да туура эмес. Мындай нерсе эч качан унутулбайт. Эч качан мындай нерсе Кыргызстанда кайталанбашы керек. Бирок көрүп турасыңар, жоопко тартылып жаткандардын адвокаттары ар кайсы шылтоо менен мүмкүн болушунча сотту узарталы деп жатат. Ошондуктан сот созулуп кетүүдө.

Апрель окуялары боюнча 28 адамга айып тагылган. Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш баштаган бир нече адамга эл аралык издөө жарыяланган. Анда 90го жакын адам каза таап, 300дөн ашык киши жаракат алган.

Ош: Шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлдү

Бул ирет жаңы башкаруучу коалицияга “Ата Мекен”, КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары биригип, 23 депутат менен кирди. Ал эми оппозициялык блокто “Улуттар биримдиги” жана КЭДП (НДПК) партиялары 22 депутат менен калды.

Мунун баары шаардык кеңештин 13-сессиясында белгилүү болду. Буга чейин шаардык кеңештин көпчүлүгү мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду колдоп келишкен эле. Эми жаңы коалициянын түзүлүшү менен Оштун жаңы шаар башчысын шайлоонун оюндары өзгөрөт.

Жаңы түзүлгөн коалиция жаңы шаар башчыны шайлаганда бирдей добуш береби деген суроо али ачык бойдон калып жатат.

9 айдын жыйынтыгын чыгаруу сессиясы башталбай атып эле, карама-каршы пикирлер жаралды. КСДПнын депутаты Каныбек Исаков Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин угузуп, “Замандаш” партиясынын депутатын сессиядан чыгып кетүүсүн талап кылды:

- Мыйзам жакшыбы-жаманбы биз аны аткарышыбыз керек. Мына, биздин колубузда 2013-жылдын 20-декабрындагы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому бар. Ошонун негизинде Ош шаардык кеңешинин депутаты Жолдошев Нурадил Калбаевичтин күбөлүгү бул токтом жарык көргөн күндөн баштап жараксыз деп табылсын. “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Мамбетов Камчыбек Айтматович шаардык кеңештин депутаты болуп табылсын деген кагаз биздин колубузда. Ошон үчүн биздин мурдагы депутатыбыз Жолдошевдин сессияда катышып отурушун мыйзамсыз деп эсептейбиз.

Шаардык кеңештин төрагасы Таалайбек Сабиров болсо, ага БШКдан расмий документ келбегенин айтып, депутат Жолдошевди чыгарууга макул болгон жок:

- Биринчиден, бизге эч кандай билдирүү келген жок. БШКдан келген бир дагы мындай буйрук бизде каттоого алынган эмес. Алар бизге расмий кайрылуу кылышы керек. Алардын сайтына, интернетке чыккан буйругу боюнча ишти алып барганыбыз туура эмес. Экинчиден, биз азыр депутат Нурадил Жолдошевдин мандатын алып салуу боюнча токтомду кабыл ала элекпиз.

Бирок депутаттар ушул маселенин өзүн эле 2 саатча талкуулашты. “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаты Рустам Мирзаматов да депутат Нурадил Жолдошевдин мандатын алып, чыгарып жиберүү мыйзамсыз экенин айтып жатты:

- Шайлоо комиссиясы жаңы кабыл алынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-пунктуна таянып, ушундай чечим кабыл алышкан. Бирок ушул эле мыйзамдын 10-пунктунда жазылып турат: “Саясий партия депутатты чакыртып алган учурда тиешелүү фракциянын сунушу менен депутатты мандатынан ажыратууга мүмкүн”. Булар мыйзамга таянып атышат, бирок фракциянын сунушун эске албай жатышат. Бул жерде бир партиядан депутат болуп отургандан кийин фракциянын да укугуна ээ болушу керек. Кыскасы бул буйрук таптакыр мыйзамсыз болуп калган. Азыр Жолдошев БШКны сотко берди. Ошол соттун чечими бир жактуу болгондон кийин гана анын мандаты алынат.

Депутаттардын дагы бири Жапар Ормонов болсо маселенин баарын тартип коргоо органдарынын тастыктап беришин талап кылды:

- Азыр биз мурдагы мыйзам менен иштебей калганбыз. Жаңы мыйзамды эске алыңыздар. Баарын мыйзам чегинде кылалы. Бардык депутаттарга мандатты БШК берген. Жаңы мыйзамга ылайык, алар депутаттын мандатын партиянын сунушу менен чакыртып алып атышат. Эгер мындан күмөн санасак тартип коргоо органдарынан бирөө жарым келип, бул ишке комментарий берсин. Антпесек Нурадил Жолдошев бул жерде мыйзамсыз депутат отурган болот. Ал мыйзамсыз отурса демек, биздин кабыл алган чечимдерибиздин баары мыйзамсыз болуп калат.

Ушундан кийин прокуратура өкүлдөрү да чыгып, маселеге комментарий берди. Ош шаардык прокуратурасынын башчысы Атай Шакир уулу соттун чечими чыкканча БШКнын чечими күчүндө болорун эскертти. Бирок ошого карабай “Улуттар биримдиги”, “Замандаш” жана КЭДП партиялары мындай пикирге макул болбогондуктарын билдирип, залдан чыгып кетишти.

Мамбетов мандатын тапшырбасын айтты

Ал арада сессия калган эл өкүлдөрү “Замандаштын” мүчөсү Камчыбек Мамбетовду жаңы депутат катары тааныштырып жиберишти. Мамбетов өзү болсо мындай деди:

- Мен “Замандаш-Современник” партиясынын атынан бул жерге депутат болуп келдим. Колумда мандаты бар. Бул мандат жөндөн жөн берилбейт. БШКнын чечими, буйругу да мында турат. Ал интернеттен да, “Эркин-Тоо” гезитинен да чыкты. Мандатымды бир гана сот алууга укуктуу. Соттун чечими чыкса, мандатымды тапшырып берүүгө даярмын. Ага чейин мен бул сессияда да, башка маселелерде да толук кандуу депутат катары добуш бере алам. Мен аны ишенимдүү түрдө айтам.

Андан кийин эле азчылыкты түзгөн коалициянын өкүлдөрү “Замандаш” партиясынын жаңы депутатын кошуп, жаңы коалиция түзгөндүгүн жар салышты. “Республика” фракциясынын депутаты Арфидин Аланов:

- “Адилеттүү Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Замандаш-Современник”, КСДП жана “Республика партияларынын депутаттары жаңы коалиция түздүк. Коалициянын аты “Акыйкат жана ынтымак” деп аталат. 3-чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинде көпчүлүктүн коалициясы түзүлгөндүгүн мен жарыялайм. Эми биз мыйзам чегинде иш кылабыз.

Шаар кеңеште жалпы 45 орун бар. Мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясынын 21 депутаты, ЭДПКнын 1 өкүлү жана "Замандаштын" 1 депутаты буга чейин 23 болуп, башкаруучу көпчүлүктү түзүп келген. Анын катарындагы "Замандаштын" өкүлү Нурадил Жолдошов партиянын сунушунун негизинде БШКнын чечими менен мандатынан 20-декабрда ажырап калган. Ал өзү сессиядан чыгып кеткен боюнча кайра кирген жок. Бирок ал буга чейин Мырзакматовду колдоп келгени үчүн куугунтук жеп атканын айтып чыккан. Ошого карабай эми “Улуттар биримдиги” партиясы шаардык кеңеште азчылыкты түзүп калды.

Башкаруучулук миссияны колго алган коалицияда КСДПдан 11, “Республикадан” 8, “Ата-Мекенден” 1, “Адилеттүү Кыргызстандан” 2 жана "Замандаштан" 1 депутат бар. Жалпы 23.

“Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын лидери Абдувахаб Нурбаев буларга токтолду:

- Жаңы көпчүлүк коалиция түзүлөөрү менен анын келишимин шаардык кеңешке берип каттап, мыйзам түрүндө бекитип алдык. Эми биздин келишим мыйзам чегинде күчүнө кирди. Биз эми ошол коалициянын ичиндеги фракциялардын жетекчилери биригип туруп алдыда кадамдарыбызды талкуулап, кандай иштерди аткарабыз кеңешип аныктайбыз. Логикалык жактан алганда эми дароо эле шаардык кеңештин төрагасы алмашуусу керек болот. Төрагалыкка жаңы талапкерди, мэрликке жаңы талапкерди чогуу чечебиз, анан ошого карап иш алып барабыз.

Мэр шайлоодогу оюндар

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев эми саясий кырдаал таптакыр башка нукта жүрүп, түрдүү окуялар орун алышы мүмкүндүгүн болжолдоду:

- “Замандаштын” депутат Нурадил Жолдошев ортодо чечүүчү роль болуп келгендиктен ал буга чейин оюн бала, же алтын бала болуп келген. Анын окуясы чечилди. Оппозиция менен башкаруучулар алмашып калды. Мындай алып караганда шаар мэрин дайындоодо жаңы башкаруучу коалиция утат деп алдын ала жыйынтык чыгарып койсок деле болот. Анткени алар 45 орундун 23үнө ээ болуп турат. Бирок ошол эле кезде Мелис Мырзакматов да жөн жатпайт. Ал азыр түрдүү жолдорду ойлонуп, ар кандай маселелерди пландап жатат. Ал балким шайлоого “Улуттар биримдигин” катыштырбай коюп, кворум жаратпай коюшу мүмкүн. Же ошол эле КСДП, “Республика” же дагы башка партиялардан депутаттарды сатып алат. Бул биринчи вариант. Башка бир вариант бар – Мырзакматов утулуп берет да, оппозицияда калып, элди көтөрүп, тополоң чыгарат.

“Улуттар биримдиги” жана “КЭДП” партиялары кирери менен сессия кайрадан уланып күн тартибиндеги маселелер каралды. Бирок шаардык кеңештин депутаттары мэриянын 9 айлык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты. Алар муну шаардагы мыйзамсыз башталган курулуштар, алардын жыйынтыгынын жоктугу жана айрым социалдык-экономикалык маселелердин аткарылбай калганы менен түшүндүрүштү. Сессияда мындан башка дагы 10 чакты маселелер каралды. Учурда калаа мэринин милдетин аткаруучу катары Алымжан Байгазаков иштеп атат.

"Жыл мыктысы" бизнеске айланды

Айрым журналисттер жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан берилчү “Жылдын мыктысы” наамы сатыларын айтып чыгышты.

Жаңы жылды утурлай ар тармактын мыктыларын аныктаган салтанаттуу аземдерди дээрлик бардык маалымат каражаттарынан көрүүгө болот.

Байкоочулардын баамында, акыркы эки жылда ырчы-чоорчулардан тарта президентке чейин “жыл мыктысы” деген дипломду чаптай коюп, сыйлык ээлеринен акча өндүрмөй өнөкөткө айланды.

Баркы кеткен “мыктылар”

“Жаңы агым” гезитинин кабарчысы Кудрет Тайчабаров жыл мыктыларын аныктоо жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бизнеске айланды деген пикирде. Анын ырасташынча, айрым басылмалар кабарчылардын жыл соңундагы айлыгын сыйлык ээсинин эсебинен жабат.

- "Жыл мыктысы" наамынын эң төмөнкү ставкасы - ошол басылманын жамаатынын жаңы жылдык отурушун көтөрүп берүү. Негизи журналисттер сыйлана турчу кишинин дараметине жараша акча "сындырышат". Орточо ставка 500 доллардан 1000 долларга чейин. Ошол эле учурда коомчулукта шек жаратпаш үчүн чыгармачыл чөйрөдөн чыныгы мыктыларды да кошуп коюшат. Антейин десең ошол эле ырчылар редактордун же журналисттин тоюнда акысыз ырдап-бийлеп берген болот. Кыскасы мыктыларды аныктоо ачык эле бизнеске айланды.

“Жаңы агым” гезити бул жөрөлгөнүн баркы кеткенин моюнга алып, быйыл мыктыларды аныктоону уюштурган эмес.

ИИМ издеген “Улут сыймыгы”

Көпчүлүк маалымат каражаттары жылдын мыктыларын аныктоо үчүн атайын сурамжылоо же добуш берүү өткөрүшпөйт. Мыктылар басылманын эмгек жамаатынын же редактордун чечими менен тандалат. Маселен, ачылганына араң эле 1 жыл болгон kabarlar.kg сайтынын редактору Үмүт Мукамбетова "адам уурдоо" сыяктуу оор беренелер боюнча эл аралык издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү делген Алмамбет Анапияевге “Улуттун намыскөй уулу” наамынын берилишин мындайча түшүндүрдү.

- Биз элдин, башкалардын пикирин сураган жокпуз. Анткени коомчулуктун пикири ар кандай да. Ошон үчүн биз мыктыларды сайтыбыз менен тыгыз кызматташкандардын ичинен тандадык. Алмамбет Анапияевге берилген наам бул сайттын жеке чечими. Ал кыргыздын намыскөй жигити катары көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасап жатат.

Maalymat.kg сайты Анапияевди "Улут сыймыгы", декларация боюнча жарды саналган, бирок 70 миң кишинин катышуусунда той өткөргөн депутат Жыргалбек Саматовду "Жылдын мырзасы" деп атады.

Алып баруучу жана тамада Жылдызбек Турсунбаев мындай сатылма наамдар элдин башын айлантып жатканын айтууда. Көрсө ага маалымат каражаттарынын биринен “Жылдын мыкты тамадасы” наамын 200 долларга сунуштаган экен.

- Бир журналист чалып, "биз сизге “Жылдын мыкты тамадасы” деген наам берүүнү чечтик, куттуктайбыз" деди. Мен өтө деле сүйүнгөн жокмун. Анан тамаша-чыны аралаш "мындай сунуштардын арты коммерциялык куйрук менен коштолчу эле" десем, "эстүү жигит айттырбай билет" деп сүйүнүп кетти. Анан дароо эле "салымы 200 доллар, эки бет кылып гезитке жазабыз" дешти. "Мындай наамды сатып алганча ошол акчага балдарыма кийим алып бергеним артык да" деп баш тарттым. Журналист ушул жоопту угары менен жоголду.

Турсунбаев эгер мыкты тамада болуш үчүн 200 доллар сурашса, мыкты ишкер же мыкты саясатчы үчүн ставка канча болду экен деп түйшөлүп жатканын кошумчалады.

Жыл мыктысы наамдарынын аты-жыты билинбеген же татыксыз адамдарга берилиши интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууларга жол ачты. Колдонуучулардын басымдуу көпчүлүгү кылмышка шектүү адамды улут сыймыгы атагандарды катуу сынга алышууда.

Питердеги кыргыздардын тоюнда ок атылды

Санкт-Петербургда кыргызстандыктар өткөрүп жаткан тойдо атышуу болуп, алты адам жараат алды. Жараат алгандардын айтымында, той өтүп жаткан кафеге белгисиз адамдар келип, ок чыгарган.

Сөз болуп жаткан чыр Санкт-Петербургда “Золотая Долина” аттуу кафеде 21-декабрь күнү кечинде орун алган. Бул күнү кафеде шаарда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын үйлөнүү тою өтүп жаткан.

Үйлөнүп жаткан жигиттин эжеси Наргизанын “Азаттыкка” айтымында, кафеге өзбек тектүү 10-15 адам администратордун "кафеде орун жок" дегенине нааразы болуп, травматикалык тапанчадан ок чыгарышкан:

- Менин инимдин үйлөнүү тою болгон. Той аяктап, ага келген балдарды узатабыз деп жаткан учурда чыр башталды. Алгач кафенин эшигинин алдында турган балдарды кыдырата эле сабай баштаган. Аларга каяша кылып же качкан балдарды тапанча менен аткылаптыр. Октун үнүн угуп, ичтен чыгып келаткандарды да атышкан. Октон 6 адам жараат алды. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор болуп жатат.

Наргиза кошумчалагандай, ок жегендердин бири үч күндөн бери эсине келбей, реанимацияда жатат.

Москвадагы кыргыздар
Москвадагы кыргыздар
Бул кылмыш боюнча Санкт-Петербург шаардык полициясы “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү издеп жатат. Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы ардактуу консулу Таалайбек Абдиевдин маалымдашынча, азырынча окуяга күнөөлүү адамдар кармала элек:

- Биздин жарандар кол салгандар өзбек улутунда болгонун айтышууда. Учурда полиция аларды издеп жатат. Иликтөө иштери жүрүүдө. Азырынча эч ким кармала элек. Биз өзбек диаспорасына да "силерде кандайдыр бир маалымат болсо бөлүшкүлө" деп кайрылдык.

Ал ортодо Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз жана өзбек диаспораларынын жетекчилери жолугуп, орун алган окуяны талкуулаганы белгилүү болду. "Замандаш" ассоциациясынын маалымат катчысы Эркин Урманбетовдун билдиришинче, анда өзбек диаспорасынын жетекчилери кол салгандарды кармоого көмөктөшөөрүн убада кылган:

- Диаспора өкүлдөрү шейшембиде жолугуп, окуя боюнча маалымат алмашты. Анда өзбек диаспорасынын жетекчиси окуяга күнөөлүүлөрдү кармоого жардам берүүгө сөз берди.

Санкт-Петербургда иштеген мигранттар
Санкт-Петербургда иштеген мигранттар
Ал эми Санкт-Петербургдагы өзбек диаспорасынын жетекчиси Алижан Хайдаров болуп өткөн окуяны катардагы эле чыр деп эсептейт. Хайдаров “Азаттыкка” сүйлөп жатып айрым бейбаштардын кылыгынан эки улуттун ынтымагына доо кетпейт деп ишенээрин билдирди:

- Бул эми катардагы эле чыр. Мен Кыргызстандын ардактуу консулу менен бул тууралуу сүйлөштүм. Экөөбүз биргеликте мындай чырлардын алдын алуу боюнча аракет көрөлү деп чечтик. Мындай нерселер биздин достугубузга эч доо кетире албайт. Окуяга күнөөлүүлөрдүн кармалышына биз да көмөк көрсөтөбүз. Мындай окуялардын экинчи ирет кайталанышына жол бербөөгө биз да аракет кылабыз.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болгон каргашадан кийин эки улуттун өкүлдөрү көп эмгектенген Орусиядагы мигранттар арасында мамиле солгундап кеткенин диаспора өкүлдөрү айтып жүрүшөт.

Кыргызстандык спортчу Сочиге жолдомо алды

25-декабрда Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргызстандык тоо лыжачы Дмитрий Трелевский Сочидеги кышкы олимпиадага жолдомо алды.

Кыргызстандык тоо лыжачы Дмитрий Трелевский 7-23-февраль күндөрү Сочиде өтө турган кышкы олимпиадага катышуу үчүн алгачкы жолдомо алды. Бул тууралуу "Азаттыкка” Улуттук олимпиадалык комитеттин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

- Трелевский Дүйнөлүк кубоктун тандоо этабында Кышкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алууга жеткидей упай топтогон. Эл аралык федерация анын маанилүү мелдештердеги ийгиликтерин эске алып, кышкы олимпиадага жолун ачты.

Тоо лыжасы боюнча Оксана Полюткинанын жана Евгения Тимофееванын да Сочи олимпиадасына жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары сноубортчулар Павел менен Алексей Вакуриндер да жолдомо алып калышы ыктымал.

"Бир тууган Вакуриндер олимпиадага тандоо турнирдин эң жаш катышуучулары. Алардын жыл сайын рейтинги жогорулап баратат. Бирок Олимпиадага катышуу үчүн алар мелдештин алдыңкы отуздугуна кириши зарыл. Кандай болгон күндө да кыргызстандык бул спортчулар Олимпиадага барышат", - деди Аманкулов.

Олимпиадада жалпысынан 98 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандыктар азырынча спорттун эки түрүнөн Сочи олимпиадасына даярданып жатышат.

Эркин күрөш: Өлкө кубогу

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө кубогу үчүн күч сынашуулар өттү. Мелдешке Бишкек, Ош шаарларынын, Ала Тоонун 7 облусунун эки жүздөй балбаны катышты. Федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев маалымдагандай, мелдеш Эл аралык күрөш федерациясынын (FILA) жаңы эрежелери боюнча өткөрүлдү.

57 кило салмакта финалда Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Самат Надырбек уулу финалда Айбек Айтбековди утуп алды. 61 килограмм салмакта Рапилбек уулу Маралбек, 62 кило салмакта Улукман Маматов, 70 кг салмакта Азат Мирахимов, 74 кило салмакта Элеман Догдурбек уулу, 86 кг - Бекжан Мээрбеков, 97 кг. салмакта Арзыбек Карыбеков өлкө кубогунун жеңүүчүлөрү болду.

Оор салмакта Бекболсун Кушубаков баш байгенин ээси болду.

Дзюдо: Жылдын мыктылары аныкталды

25-декабрда Бишкектеги тарых музейинде дзюдо күрөш федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты спортчуларды, машыктыруучуларды жана калыстарды аныктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов маалымдады.

Мыкты спортчулардын катарында Адилет Ботоканов, Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Лондон олимпиадасынын катышуучулары Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий, Эрмек Сариев, Азамат Бектурсунов, Алибек Чороев жана башкалар бар. Кыз-келиндерден Күмүшай Соскеева, Асел Мусабекова, Нагира Сарбашева жана башкалар мыкты спортчу айымдар аталды.

Дзюдону мыкты чагылдырган массалык маалымат каражаттарынын катарында «Азаттык» радиосунун жамаатына да эстелик алтын медалы менен ыраазылык каты ыйгарылды.

Эң башкы сыйлык катары Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Юрий Краковецкийге BMW үлгүсүндөгү унаанын ачкычы тапшырылды.

Бажы биримдиги: бүгүн болбосо эртең

Кыргыз-казак чек арасы

24-декабрда Москвада Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жыйыны болду. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөтү жылдырылды. Орус тарап маселе келерки жылдын март айында чечилерин айтса, кыргыз тарап конкреттүү датаны атоо татаал экенин билдирүүдө.

​Бажы биримдигин негиздеген Орусия, Беларус жана Казакстандын ортосунда да баары “май менен сүттөй” эместиги байкалат. Жыйын жүрүшүндө айкын болгондой Казакстан Бажы биримдиги таза экономикалык гана уюм болушун көздөйт. Беларус да өз эгемендүүлүгүнөн бир аз кертип берүүгө макул эмес. Экономикалык, саясий жагынан кубаттуу Орусия бул өлкөлөрдү “колтугуна кысып” кетүүгө кызыкдар.

Мына ушундай ички “ыйкы-тыйкысы” бар Бажы биримдиги 24-декабрда Москвадагы жыйынында Кыргызстан жана Арменияны өз катарына алуу боюнча “жол картасын” карады. Армения боюнча ал кабыл алынды. Кыргызстан боюнча кийинки мөөнөттөргө калтырылды.

Бул эки өлкө боюнча маселе талкууланганда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан дарегине карата кескин билдирүү жасап, эч бир өлкө өзгөчө шарт менен кирбешин белгиледи.

Орусия президенти Владимир Путиндин сөзү болсо жумшагыраак болду. Ал Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюна даярдыктар дээрлик көрүлүп бүткөнүн, айрым суроолор гана калганын жана алар боюнча орток пикир табыларын билдирди.

​Кыргызстан бийлиги Бажы биримдигине кирүүдө ага финансылык жардам көрсөтүлүшүн, "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларына жеңилдик берилишин көздөөдө.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун билдирүүсүнө караганда, бул маселелер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү негизги маселелер. Бирок андан башка пункт-пункт менен карай турган жоболор бар. Алардын баарын келерки жылдын март айына чейин карап чыгуу өкмөттөргө тапшырылды дейт Исаков:

- Президенттер өздөрүнүн өкмөттөрүнө тиешелүү тапшырмаларды берди. Мартка чейин иштеп чыккыла. Бүт пункттардын баарын карагыла. Анан ошолордун баары такталгандан кийин отуруп сүйлөшөлү деген келишимге келишти.

Сапар Исаковдун айтымында, кыргыз президенти тарабынан да өкмөткө тапшырма берилди. Эми Бажы биримдиги боюнча иштеп жаткан жумушчу топко кесипкөй адистер тартылып, баарын ийне-жибине чейин карап чыгыш керек.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюму менен да макулдашыла турган маселелер бар экенин билдирген:

- Биз Бажы биримдигине кирип жатып, Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү экенибизди унутпашыбыз керек. Биз алар менен да кеңешүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек. Ошон үчүн бул жерде иш алдыга жыла берет. Быйыл кирбей калсак, кийинки жылы, анда болбосо, андан кийинки жылга..

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар бирикмесинин төрагасы Сергей Пономарев Бажы биримдигине кирүү боюнча келишимдин көпчүлүк пункттары макулдашылганын, ошондуктан март айына чейин ишти бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгилейт. Ал ошондой эле Кыргызстандын жеңилдик суроосунда эч кандай өөн нерсе жок деп, казак президентинин Бажы биримдигинде бекер момпосуй жок деген сөзүнө карата мындай пикирин билдирди:

- Объективдүү болсок. Биринчиден, Казакстан өзү дароо кирген эмес. Бир жарым жылдын ичинде кирди. Экинчиден, Казакстанда 400 бирдик боюнча жеңилдик болгон. Биз эмнеге айлампага башыбызды салып жатып, эч кандай жеңилдик албашыбыз керек? Менин оюмча, биздин президенттин позициясы туура жана объективдүү. Биз ал жакка улуттук экономикалык кызыкчылыкты сактоо менен киребиз.

Сергей Пономаревдун маалыматы боюнча, Кыргызстан Бажы биримдигинен чек араны даярдоо, мигранттар боюнча, санитардык-ветеринардык лабораториялар боюнча маселени чечүүнү, 1 млрд. долларга эсептелген Өнүктүрүү фондун түзүүнү талап кылып жатат. Андан сырткары үч ири базардын Бажы биримдигинин ыргагына кирүүсү үчүн 7 жылдык мөөнөт берүү да суралууда.

Манас тарыхта болгон инсан

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Көк асаба” гезити гана жарык көрдү. Кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктаган басылма, биринчи бетине “Кытайдан алынган, Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрөттөр” деген, “Манас” изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Биздин Беш Бээжинге баратканыбызды угуп, Пу Еңшең мырза: “Силер Манастын келген жолун эми туура таапсыңар” деди” деген, “Жашоо сабактары” жана “Америкадагы кыргаздар” деген баш темаларды жарыялап чыкты.

“Айгине” маданий-изилдөө борборунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева гезиттин суроолоруна жооп берип жатып “Манас” эпосунун ЮНЕСКОго карай баскан жолу кандай болгонун, эл аралык бул абройлуу уюмга катталыш үчүн эмне деген иштер жасалганын, алгач манасчылардын айтуусундагы 25 сааттык видео дисктерди чыгарып, ага чакан китепчелерди тиркеп мектептерге, окуу жайларына таратышканын, жакында Баткен менен Жалал-Абаддын да мектеперине, жогорку окуу жайларына таратыларын, интернеттерге да коюлуп жаткандыгынан кенен кеп салып берди.

Ушул эле гезитке “Өлкө башчылары Саруу айылынын эли менен жолугушуп кетүүсүн күтөбүз” деген аталыш менен бийликтин үч бутагынын башчыларына кайрылган кат жарык көрдү.

Кат: "Биз кыргыздын Сол канатына таандык уруулардын: Саруу, Кытай, Кушчу, Басыз, Мундуз, Чоң Багыш, Жетиген, Төбөй урууларынын өкүлдөрү кечээ жакында Саруу айылынын тургундары менен жолугушуп кайттык. Чынында, Саруу айылынын жигиттери көтөрүп жаткан бул маселе бир эле саруулуктарга тиешелүү эмес, бүт көлдүктөрдүн жана жалпы Кыргыз улутунун маселеси!” деп башталып, “Кумтөрдүн” алтындан кийинки экологияга тийгизчү кесепети, Көл өрөөнүнүн келечеги жөнүндө сөз кылган.

“Көк асабанын” өткөн сандарынын бириндеги журналист Азизбек Келдибековдун “Жаңы борбор керек” деген макаласына ардагер журналист Кенжалы Сарымсаков “Бишкектин тагдырын эртелеп ойлойлу” деген макаласы менен оюн кошту. Автор Бишкек заңгыраган хан сарайлары, ошону менен бирге эле жепирейген жер тамдары бар, бай-кедейи алаканга салгандай көрүнгөн шаар десең шаарга, айыл десең айылга окшобогон чакчелекей калаага айланганын, муну менен бирге эле бүтүндөй Кыргызстанга жашылча-жемиши, данын берип келген миңдеген гектар суу баскан жерлери улам басыла берип бүгүн жер үйлөргө толуп чыкканын, убагында маркум Апсамат Масалиев ушундай болорун билген өңдүү көпкө дейре уруксат бербей кайышканын, бирок баскынчылык, аны менен кошо келген алдым-жуттумдук ушул абалга апкелгенин, эми Азизбек Келдибеков айткандай жаңы борбор куруу идеясын жалпы эл менен талкууга коюу маселеси бышып жетилгенин жазды.

“Жаңы муундун коалициясы” деп аталган коомдук бирикменин мүчөсү Тимур Саралаевдин “Кыргыз жерлери 49 жылга берилишине каршыбыз!” деген аталыштагы макаласы тартууланды.

Кол өнөрчү Гүлмира Акматованын маеги, уулунун чакыруусу менен барып Американы көрүп келген Кеңеш Бакир уулунун “Америкадагы кыргыздар” деген ат менен жарык көргөн интервьюсу да кызыктуу. “Көк асаба” гезити ошондой эле “Кытайдагы Айтматовду эскерүү толкуну же бир ууч топурак” деген макалага да окурман көңүлүн бурду.

Жол кайгуул кызматындагы коррупциялык схемалар аныкталды

Коргоо кеңешинин алдындагы жумушчу топ Геология агенттигиндеги, Энергетика министрлигиндеги жана Жол кайгуул кызматындагы коррупциялык схемалардын бетин ачты.

Алган да, берген да ыраазы...

Жол кайгуул кызматындагы жемкорлук схемаларында катардагы айдоочулар жол эрежесин бузгандыгы үчүн инспекторго 100 сомдон 1000 сомго чейин пара берери көрсөтүлгөн. Ал эми инспектор өз кезегинде взвод командирине, командирлер ички иштер башкармалыгынын аймактык жетекчилерине күн сайын өз энчисин берип турган. Инспекторлор кызматка кириш үчүн 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин пара берери схемада ачык көрсөтүлгөн.

Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров жумушчу топ бир гана схемалардын бетин ачпастан, коррупциянын себептерин жойгон комплекстүү чараларды иштеп чыгарын “Азаттыкка” билдирди.

- Биздин максат бир гана коррупциялык схемалардын бетин ачуу эмес, ошол схемалардын себептерин аныктоо. Эмне себептен ошол схемалар иштеп жатканын талдоо жана аны жоюу үчүн чараларды иштеп чыгуу. Маселен, Геология агенттигиндеги жана Жол кайгуул кызматындагы жемкорлук схемаларын жоюу үчүн комплекстүү чаралар иштелип чыкты.

Жумушчу топтун алдында атайын эксперттик топ аталган мекемелердеги коррупциялык схемаларга каршы чараларды бекитип берет. Жумакадыровдун айтымында, жумушчу топ алгач май айына чейин эң коррупциялашкан 15 министрликте, андан кийин 63 мамлекеттик органдагы коррупциялык схемаларды коомчулукка шардана кылат.

“Бийлик 3 жылдан бери эмнени күтүп отурду?”

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов жемкорлук схемаларынын жарыяланышын велосипедди кайра ойлоп табуу менен салыштырды. Анын пикиринде аталган схемалар Акаевдин убагында эле түптөлүп, Бакиев убагында гүлдөп-өскөн.

- Бул схемалар элдин баарына белгилүү да. Ушул үчүн 3 жыл керек беле? Бул бийлик 3 жылдан бери кимге мүмкүнчүлүк берип келди? Эми биз тоюнуп бүттүк, капчыкты толтурдук, калганын талкалайбыз дейби? Коррупцияга каршы күрөштү Атамбаев бийликке келери менен башташы керек болчу. Булар велосипедди кайра ойлоп табышты. Бийликке баш ийген аткаминерлер буга чейин өздөрүнөн жогору тургандардын чөнтөгүн толтуруп келген да.

Коргоо кеңешинин алдындагы жумушчу топтун мүчөсү, ишкер Эмил Үмөталиев схемалар жарыяланары менен эле жемкорлук жоюлуп кетет деген пикирден алыс болууга чакырат.

- Бул фактылар элге белгилүү болгону менен мамлекеттик бийлик тарабынан биринчи жолу цифралар менен ачык айтылып жатат. Бул биздин өнүгүүгө жана тазаланууга болгон чечкиндүү аракетибизден кабар берет. Бирок ушуну менен эле коррупция жоюлуп кетет деген туура эмес, анткени бул узак процесс.

Үмөталиевдин белгилешинче, коррупциялык схемалардын мекеме жетекчилери эмес, башка органдар тарабынан ачылышы аталган мамлекеттик мекемелердин башында отурган адамдардын тазалыгынан күмөн санатпай койбойт.

Капчыкка айланган инспекторлор

Убагында жол кайгуул кызматкерлерин тандаган аттестациялык комиссиянын мүчөсү болгон коомдук активист Калича Умуралиева Жол кайгуул тармагындагы жемкорлукту азайтуу үчүн аймактык инспекторлорду Ички иштер министрлигине эмес, Жол кайгуул кызматына баш ийдирүүнү сунуштоодо.

- Жол кайгуул кызматкерлери ИИМ үчүн капчыктын ролун ойноп жатышат. Ушул системаны жоюш үчүн полиция департаментин түзүп, жол кайгуул кызматкерлерин бир структурага баш ийгидей шарт түзүү абзел. Азыр Исаев эч нерсе кыла албайт. Анткени инспекторлор ИИМдин аймактык башкармалыктарына баш ийет.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-ноябрда бийликтеги саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу жардыкка кол койгон. Ага ылайык, Коргоо кеңештин алдында жумушчу топ түзүлгөн. Атамбаев коррупцияга каршы кашык каны калганча күрөшөрүн айтса, анын каршылаштары күрөш тандалма жол менен жүрүп жатканын айтып сындап келишет.

"Кыргыз кереметинин" кышын коюшкан инсан

Кыргыз искусствосу менен маданиятына салым кошкон инсан, киносценарист, чебер прозаик, 72 жашында күтүүсүз дүйнө салган Кадыркул Өмүркулов тууралуу кесиптештеринин эскерүүсүнө орун бердик.

Кадыркул Өмүркулов кыргыздын туңгуч жазма акын кыздарынын бири Нуркамал Жетикашкаева менен Кыргыз драма театрынын биринчи режиссеру Өмүркул Жетикашкаевдин уулу болгон. Улуу Ата Мекендик согуш чыкканда Өмүркул брону болсо да суранып кеткен экен. Көп өтпөй Кронштадда курман болот.
Наристесин бооруна кысып, жесир калган Нуркамал Жетикашкаева кийин кыргыз адабиятында кайталангыс из калтырган жазуучу, кара сөздүн жоргосу Касымалы Жантөшевге турмушка чыгат.

Касымалы Жантөшев замандаштарынын эскерүүсүндө колу ачык, бапыраңдаган киши болгон. Кадыркулга өз атасындай мээрим төгүп өстүргөн. Бул инсандын жашоосунда өзгөчө орду бар экенин Кадыркул Өмүркулов буга чейин бир нече интервьюларында айткан жайы бар. Жантөшевдин көзү өтүп кеткенден кийин анын калемине таандык “Каныбек” романын басмадан чыгарып, экрандаштырууга салым кошкон.

"Бакайдын жайыты" тасмасын тартуу учурунда
"Бакайдын жайыты" тасмасын тартуу учурунда
Кадыркул Өмүркуловдун өмүр баянынан өзүнчө бир кино жаратса болчудай. Ал бой тарткандан баштап өз киндигин өзү кескен. Жаштайынан заводдо иштеп, Москвадагы кинематографисттер институтунун сценарист факультетин алгачкылардан болуп окуп бүткөн.

Институтту бүтүп жатканда кинорежиссер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” фильмине алгач киносценарийди жазышты. Эки таланттын мээнетинен жаралган фильм кыргызга атак-даңк, сыймык алып келди.

"Кыргыз кереметинин" көч башында турган бул тасма тууралуу сөз болгондо, Кадыркул агай анын жаралышына Чыңгыз Айтматовдун салымы зор болгонун эскерип айтчу. Эмесе ошол кинонун таржымалына учкай токтоло кетели.

60-жылдары 23 жаштагы жаш режиссер менен жаш сценарист Москваны көздөй сапар тартышат. Ал кезде Москванын колдоосу жок 5 мүнөттүк дагы тасма тартылчу эмес экен. Бирок кашайып Москвага барганда Мамкино талкуусунда сценарий өтпөй калат. Анда отургандар мындан көрө колхозчу, же завод-фабрикадагы жумушчу тууралуу жазбайт белеңер деп, кайра жазып чыгууга тапшырма беришет.

Шаабайлары сууп, кайра Кыргызстанга жөнөмөкчү болгон кезде капилеттен Чыңгыз Айтматовго жолугуп калышат. Ал киши Союздук кино пленуму болуп, ошого катышканы барган экен. Сценарий тууралуу уккандан кийин, кайра сүйлөшүп көрүүгө убада берет. Ошонун эртеси эле аталган мекемеден телефон чалышып, сценарийге кол коюп беришет. Мына ошентип "Бакайдын жайыты" жаралат. Тасма жарык көргөндөн кийин бир нече эл аралык жана союздук сыйлыктарды жеңип алган.

Кадыркул Өмүркуловдун замандаш кесиптеши, белгилүү кинорежиссер Артык Сүйүндүков анын кыргыз киносуна кошкон салымын мындайча белгиледи:

- Кадыркулдун кыргыз кинодраматургиясына кошкон салымы чоң. Азыр саналуу эле драматургдар калды. Кинонун фундаменти сценарий да. Ошол маселе күндөн-күнгө проблема боло берет. Кадыр өзүн-өзү көп даңазалабаган, иштерман адам эле. Кыргыз интеллигенциясынын мурунку муунунун акыркы могикандарынан болуп атат.

"Бакайдын жайыты" тасмасынан бир көрүнүш
"Бакайдын жайыты" тасмасынан бир көрүнүш
"Бакайдын жайыты" Кадыркул Өмүркуловго атак-даңктан тышкары, үй-бүлөлүк бакыт алып келген. Өмүрлүк жубайы Бүбүсара Рыскулова менен ошол кино аянтында таанышкан. Бул тууралуу кесиптеш-калемдеши Акимаалы Чекиров мындай деди:

- "Бакайдын жайытындагы" келиндин ролун жубайы аткарган. Анда кичинекей кыз болчу. Ошол талаадан, тээ Суусамырдын белинен таанышып, жылдыздары келишип калган экен. Ага аралжы болгон Муратбек Рыскулов болгон. Муратбек ата менен Кадыржан экөө аябай жакшы, чыгармачыл эриш-аркак болушкан, ата-баладай эле. Сабира эже Күмүшалиева болуп, өмүр бою көзү өткөнгө чейин чоң сый менен жүрүштү. Арбактары ыраазы болсун.

Кадыркул Өмүркулов 45 жылдан ашуун чыгармачылык өмүрүндө окурмандар сүйүп окуган, идеясы терең повесттерди, аңгемелерди жазган. Анын сценарийи боюнча “Ак куулар конгон айдың көл”, “Каныбек”, “Эски тегирмен”, “Жер касиети”, “Кербез”, “Акжолтой”, “Бурма” ж.б. көркөм жана даректүү кинофильмдер тартылды. Республикалык жана эл аралык сыйлыктарга ээ болду.

Темир Бирназаров
Темир Бирназаров
Кадыр Өмүркулов өмүрүнүн акырына чейин кинодон кол үзбөдү. Көз жумардан бир күн мурда кинорежиссер Темир Бирназаровго чалып көпкө сүйлөшкөн экен:

- Кадыр агай бир жарым ай мурун өзүнүн "Мөңгү муңу" деген жыйнак китебин берген, кино тартуу максатында. "Ушул китепти окуп, өзүңө жаккан чыгарманы танда, каражатыңан кам санаба" деди. Мен окуп бүткүчө эки-үч жолу "кайсы чыгарма жакты" деп телефон чалып турду. Мен "Ак жолтой" жакканын айтсам, "ал тартылган билесиң да, башкасын окуп көрчү" деди. Макул деп, "Мөңгү муңу" дегенин окуп бүтүп, жаңы эле "Адыл уста" деген аңгемесин окуп жаткам. Эки күндөн кийин Кадыр агай кайра чалды, бүттүңбү деп. Мен "бүтөөрүм менен сизге чалам" дедим. Эртеси кайтыш болгонун угуп, абдан жаман болдум.

Кыргыз кинокереметинин акыркы могикандарынан болгон Кадыр Өмүркуловдун аты кыргыз искусствосу менен маданиятынын тарыхында түбөлүк өчпөй, унутулгус эмгектеринде жашай берет.

Кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Өмүркулов 1941-жылы 16-февралда Сокулук районунун Жыламыш айылында туулган. Ал Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1993-1994-жылдары Кыргыз телерадиокорпорациясынын президенти болуп эмгектенген. Узак жылдар бою Кыргыз Улуттук университетинде, 2002-жылдан тарта кыргыз-түрк “Манас” университетинде сабак берип өткөн жылы пенсияга кеткен.

"Кыргыз кереметин" 50гө жакын даректүү жана көркөм тасмалар менен байыткан инсан 6-декабрда жүрөк оорудан көз жумду. Артында жубайы, эки уул, эки кызы жана неберелери калды. "Азаттык" үналгысынын жамааты Кадыркул Өмүркуловдун жакындарына көңүл айтат.


Видео жаңылыктар, 24-декабрь, 2013

Видео жаңылыктар, 24-декабрь, 2013
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Өкмөт “Центерра” менен жаңы келишимди түшүндүрдү

Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 24-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, келишим буга чейин меморандумдан бир кыйла айырмаланат. Жаңы келишимге ылайык, биргелешкен жаңы ишкана түзүлүп, Кыргызстан менен “Центерра Голд” 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болмокчу.

Жогорку Кеңеш өкмөткө 23-декабрга чейин кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынарын эскерткен болчу.

Кумтөрдүн алтынын казып алуудан түшкөн пайданы канадалык инвестор "Центерра Голд" компаниясы менен теңме-тең бөлүшүү меморандумунун долбоорун өкмөт парламентке сентябрь айында да сунуштаган. Бирок Жогорку Кеңеш аны колдобой, Кыргызстандын үлүшү 67% кем болбосун деген талап койгон.

Жаңы келишимдин эмнелери жаңы?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн жаңы келишимдин маанисин түшүндүрдү. Анын айтымында, Кумтөр боюнча биргелешкен жаңы ишкана түзүлүп, анын үлүшүнө эки тарап теңме-тең 50 пайыздан ээлик кылат.

Бул буга чейинки меморандумга караганда Кыргызстан өз үлүшүн биргелешкен компанияда 4 пайызга жакшыртты дегенди түшүндүрөт. Бирок ошол эле кезде “Кумтөр оперейтинг компанинин” бардык техникалары биргелешкен ишканага 10 жылга лизингге берилип, бул үчүн “Центерра Голд” биргелешкен ишкананын 200 миллион долларлык активин колунда кармап турмакчы.

10 жылдан соң кен казууга пайдаланылган ал техникалар ишкананын менчигине өтөт. Ал эми 2014-2026-жылдар аралыгында биргелешкен ишканадан Кыргызстан салык түрүндө 1 миллиард 331 миллион доллар, ал эми түз киреше катары дагы 1 миллиард 386 миллион долларга жакын пайда көрөрү айтылды. “Центерра Голд” бул аралыкта түз кирешеден гана пайда көрүп, ал 1 миллиард 586 миллион долларды түзөт.

Жантөрө Сатыбалдиев сүйлөшүү учурунда Кыргызстан бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланганын билдирди.

- Келишим мурдагыдай эле келиптир дегенге мен караманча каршымын. Көп жагынан жакшы болду деп айта алам. Ачык-айкын иштеп, болгон мүмкүнчүлүктү пайдалана алдык. Ооба, келишимден бир тараптуу чыгып, улутташтырсак да болот. Бирок анын кесепетине ким жооп берет? Мен өкмөт башчы катары андай шартка бара албайм. Себеби биздин экономикабыз өтө оор абалда болуп калышы мүмкүн. Эми бул келишим саясатчыларга жакпай калышы ыктымал.

Өкмөт жаңы келишимге ылайык, Кумтөрдүн 60 пайыз экономикалык пайдасын Кыргызстан көрөт деп ишендирүүдө. Социалдык пакет үчүн жылына кеминде 26 млн. доллар бөлүнүп турмакчы. Ал сумма алтындын баасына карап, 100 млн. долларга чейин өсүшү мүмкүн. Жаңы ишкананын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымы Кыргызстан тараптан болот. Башкаруучу органдарда 2016-жылга чейин кыргыз тараптан жетекчилердин санын аз-аздан 70 пайызга жеткирүү да көрсөтүлгөн. Жаңы келишим 2026-жылга чейин сакталып, андан соң “Центерра Голд” Кумтөрдөн алтын өндүрүү укугун толугу менен Кыргызстанга өткөрүп бермекчи. Учурда Кумтөр кенин иштетүү үчүн 50 млн. долларга жергиликтүү товарлар сатылып алынып жатса, 2026-жылга чейин анын көлөмү 750 млн. долларга өсөт.

Өкмөт сындалды

Анткен менен өкмөттүн жаңы келишимин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сындап чыгышты. 24-декабрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети “Кумтөр” долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүп, бирок ага өкмөт мүчөлөрү келишкен жок.

Парламенттик угууга катышкан тоо-кен тармагынын адистери, эксперттер жана депутаттар 50/50 пайыз деген жаңы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын билдиришти. "Жогорку Кеңештин үлүштү 67 пайызга жеткирүү токтомун аткарган жок деп",- өкмөттү сындашты.

​“Ата-Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да жаңы келишимди түзүү менен өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун аткарбаганын белгилеп, буга байланыштуу өкмөт мүчөлөрүнүн отставкасы да козголушу мүмкүн экенин кошумчалады.

- Жогорку Кеңеш буга чейин эле 50/50 деген вариантты Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербеген чечим деп тапкан. 23-декабрга “Кумтөрдүн” 67 пайызын алар өз ыктыяры менен берет, болбосо денонсация кылып, келишимден бир тараптуу чыгуу менен алып келесиң” деп, тапшырма бергенбиз. Өзүңүздөр өкмөттүн чечиминен көрүп турасыздар, аны аткарган жок. Өкмөт ал тапшырманы аткара албаса, анда ал өз тагдырын өзү кыйган болот. Эгерде парламент 50/50 пайызды туура эмес деп таап, дагы бир жолу өзүнүн чечимин билдире турган болсо, анда өкмөттүн курамына парламенттин чечимин аткара турган адамдарды издеш керек болот.

Өкмөт түзгөн жаңы келишим Жогорку Кеңешке келип түштү. Аны спикер фракцияларга жана комитеттерге таратып бергени белгилүү болду. Бирок парламент жалпы жыйында бул маселени качан карары азырынча белгисиз.

Кыргызстан-Тажикстан: чек ара тактоо жанданат

Вице-премьер-министр Токон Мамытов жергиликтүү калк менен сүйлөшүүдө, 19-декабрь, 2013-жыл

Кыргызстан менен Тажикстан чек аралаш аймактарда жаңжалдардын алдын алуу боюнча бирге аракеттенет.

Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов кабарлады. Бишкекте 23-декабрда эки өлкөнүн чек ара боюнча комиссиялары жыйын курду. Анда делимитация, демаркация иштерин жандантуу тууралуу сөз болду.

Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз-тажик чек ара комиссияларынын Бишкектеги жыйынында бир топ конкреттүү чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык, Баткен жана Согди облустарынын жетекчилерине, милиция жана чек ара башчыларына жаңжалдардын алдын алуу боюнча бирге аракеттенүү тапшырылды. Андан сырткары тилкелерди тактоо иштери жанданмай болду:

- Ворухтун тегереги, Баткен, Лейлек райондорунда чек ара тактала элек да. Ушул райондордун чек араларын чукул арада биринчи кезекте тактайлы деп макулдаштык. Элдин талабы да ушул болуп жатат. Ушул иштерди эки өлкөнүн чек ара комиссияларына тапшырдык. Андан сырткары Кулунду-Максат жолунда көпүрө куруу маселеси бар эмес беле. Ошол көпүрөнү да тез аранын ичинде кагаздарын даярдап, кура баштайлы деп сүйлөштүк.

Мамытов бул жолугушууда Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруудан Кыргызстан баш тартпайт деп билдиргенин белгиледи.

17-декабрда Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Андан кийин Ворухка кетчү жол буулуп, аксайлыктар Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылган эле.

Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылы да Тажикстандын Чорку айылына жанаша турат. Аталган айылдын Мурат аттуу тургуну мазары да, базары да бир эки элдин арасында жаңжал көбүрөөк орун алып жатканын айтууда:

- Чек ара такталган эмес, тосмо жок. Арыктын ары жагы Тажикстан, бери жагы Кыргызстан. Коңшулар менен мурдатан бери тыгыз байланышыбыз, соода-сатыгыбыз бир. Бирок акыркы убакта эмнегедир пикир келишпестик, жаңжалдар көп болуп жатат. Эл арасында чочулоо бар. Бирок азыр деле бири-бирибизден көз карандыбыз. Ошондуктан эки элге ынтымак керек. Чек араны туура чечип, жөнгө салып беришсе жакшы болмок.

Жергиликтүү эксперт Базарбай Маасайитовдун баамында, чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөнү менен натыйжасы аз болууда:

- Ак-Сай – Тамдык деген участок чындыгында такталып бүткөн деп жатышпайбы. Ошондой болсо деле тажик тарап жолду курдурбаганга аракет кылып жатат. Алар эгер көз карандысыз жол курулуп калса, жайыт маселеси чыгат, мал-жанды биздин жайлоого чыгара албай каларынан чочулап атышса керек. Бирок азыркы жайыт боюнча мыйзамды карай турган болсок эки өлкө ортосунда атайын келишим жок, ошондуктан алар биздин жайлоону колдоно алышпайт.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада тактоо кайсы жылдагы карта, документ менен жүргүзүлүшү керектиги боюнча азырынча орток пикир таба элек. Эки өлкөнүн чектешкен жеринин жалпы узундугу 970 чакырымдан ашат жана анын теңинен көбү делимитация боло элек.

Чек ара боюнча эмки кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү келе жаткан жылы, 7-январда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтмөкчү.

Жылдын мыкты спортчулары аныкталды

Алмазбек Атамбаев Казан универсиадасына катышкан спортчулар менен 19-июлда жолугушкан.

Спорт тармагы жыл жыйынтыгын чыгарып мыкты спортчу, машыктыруучу, дене тарбия кызматкерлерин аныктады.

2013-жылы эркин күрөшү боюнча Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекованын жылдызы жанды. Ал жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында, бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарында, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээледи. Алдыдагы максаттары тууралуу “Азаттыкка” жылдын мыкты спортчусу аталган Айсулуу Тыныбекова мындай деди:

- Быйылкы жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү болду. Азия чемпиону болдум. Жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медаль уттум. Казанда өткөн Универсиада оюндарында үчүнчү болдум. Дагы бир катар ири мелдештерде жеңишке жеттим. Мен өзүмдүн алдыма койгон максатым - Бразилия олимпиадасына жолдомо алып, олимпиада чемпиону болуу. Кийинки жылы Азия оюндарына, Азия жана дүйнө чемпионаттарына барууга даярдык көрүп жатам. Ысык-Көлдө машыгууда болуп келдик.

Быйыл бокс боюнча Азия чемпиону болгон Азат Үсөналиев да мыкты спортчу аталды. Бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев туура чечим болгонун “Азаттыкка” айтып, жеңил салмакта Азияда чемпион болуу кыйын экенин белгиледи.

2013-жылдын мыкты спортчулары деп дзюдочу Юрий Краковецкий, эркин күрөштөн Айбек Усупов, кайык айдоочулар Игорь Дорофеев, Максим Бондарь да аталып, сый-урматка татыды.

Кыргыз спорт тарыхында алгачкы Азия чемпиону Азат Үсөналиевди жана Азия чемпионатында үч коло байге уткан мушкерлерди даярдаган өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов жылдын мыкты устаты аталды. Мындай сый-урматка өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар Шаарбек Бекболиев, Абдразак Шаршенов, Олег Роганов да татыктуу болду.

Олимпиадалык спорт түрүнө кирбегендерден да мыктылар аныкталды. Быйыл Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарында байге алышкан балбандар Нурбек Аканов, Нурбек Кожобеков, кикбокчулар Кумар Жалиев, Улан Касымбеков, тайбоксчу Данияр Кашкараев жылдын мыкты спортчулары аталды.

Мыкты устат деген сыйлык самбо күрөшүнөн өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Артур Сонго тапшырылды.

Улуттук спорттун түрлөрү боюнча да быйыл Кыргызстанды тааныткан спортчулар арбын болду. Бел кур күрөшүнөн Нурбек Аканов дүйнө, Азия чемпиону болсо, тогуз коргоолдон Анарбек Жамакеев да Азия чемпиону аталды. Көкбөрү оюну боюнча Жышан Алсейитовдун чеберчилиги жогору бааланды. Алыш күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Кабыл Бөрүбаев жылдын мыкты устаты катары сыйланды. Быйылкы жыл жемиштүү болгонун Бөрүбаев дагы белгилеп, алыш, бел кур күрөшүнөн балбандар Кыргызстанды дүйнөгө таанытканын “Азаттыкка” айтты.

Быйыл кол күрөш боюнча Ольга Ярославцева дүйнө чемпиондугун экинчи ирет жеңип алды. Ардагерлер арасында дзюдо күрөшүнөн Жаркынбек Шамбетов да дүйнө чемпиону болду. Алардын мээнети да бааланып, жылдын мыктыларынын катарына кошулду.

Паралимпиадачылардан балбандар Арам Акопян менен Ильгиз Каналбек уулу да мыкты спортчу деп таанылды.

Кара кылды как жарган калыстыгы менен айырмалаган Кочкорбек Кулматов (күрөш), Бахадыр Кочкаров (футбол), Александр Ларионов (самбо), Касымалы Кадыралиев (эрежесиз таймаш) жана Эрлан Бекманбетов (тогуз коргоол) 2013-жылдын мыкты калыстары аталып, сый-урматка бөлөндү.

Быйылкы мелдештерде ийгиликтерге жетишкен спортчуларга шарт түзүп, камкордукка алган күрөш, самбо жана алыш күрөшү федерацияларынын иш-аракети мыкты деп бааланды.

Жылдын мыктыларына сый-урмат көрсөтүү майрамдык маанайда өтүп, “Золотой дракон” ресторанында ыр-күү жаңырып, спортчулардын көңүлдөрү көкөлөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG