Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:51

Кыргызстан

Таласта Жерүйгө каршы митинг өттү

Таласта Жерүйгө каршы митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00

Прокуратура Аскаров боюнча дооматтарды кароодо

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча арыздарды иликтеп жатат.

Эл аралык коомчулук камактагы Аскаровду саясий туткун деп атап, бирок топ сыйлык-наам берген. Маркум Мыктыбек Сулаймановдун жакындары болсо Аскаров күнөөлүү эмес экенине ишенбейт, эгер актоо аракеттери башталса, кескин кадамдарга барышарын эскертүүдө.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылгандан бери бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар анын ишин кайра тергөөнү талап кылып келет. Мындай билдирүүнү жакында эле Журналисттерди коргоо комитети эл аралык уюму жөнөттү.

Кыргызстандагы “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюм да өлкө башчыларына кайрылды. Аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Аскаровду камоодо, анын ишин тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун, күбөлөр суралбаганын айтууда:

- Базар-Коргондо көпүрөдө ошондой иш болуп атканда, кимдер турганы, аким кандай барганын, Аскаров ошол мезгилде кайсы жерде болгонун көргөн-билген адамдар, нотариалдык жактан кол коюп, мойнуна алды. "Качан бизди сотко чакырат" деп күтүп атышат. Анткени соттун биринчи тепкичинен баштап Аскаровдун бир да күбөлөрүн келтирген эмес. Аскаровдун күбөлөрү, адвокаттары сабалган. Система Аскаровдун өзүн жактаганга эч мүмкүнчүлүк берген эмес. Аскаровду айтканда эле "улут, тигиндей-мындай" деп эле жаман ишке кетип жатабыз. Биз андайдан алыс болушубуз керек. Анткени Кыргызстандагы 80 улуттагы ар бир адам Конституциянын, Кудайдын алдында тең укуктуу.

Башкы прокуратура Аскаров боюнча кайрылуу-билдирүүлөрдү иликтеп жатат. Бул тууралууАзаттыкка” аталган мекеменин ага прокурору Кенжегул Кукеев билдирди:

- Азыркы күндө биз ишти толук алдырып, окуп атабыз. Андан сырткары Азимжан Аскаровдон түшкөн арыздардын бардыгы алдырылып, прокуратурадагы дагы башка кызматкерлер окуп жатышат. Анан ушунун баарыны жыйынтыгын чыгарып, жарыялайбыз.

Чынара Бечелова
Чынара Бечелова
Жалал-Абад облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Белек Маматбаев мындай кайрылуулар буга чейин да болгонун, андагы дооматтардын баары такталбаганын белгиледи:

- Облустук прокуратура тарабынан жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп туруп, өндүрүш иши козголуп, арызда көрсөтүлгөн жүйөлөрдүн баары текшерилип чыккан. Ал жүйөлөр такталбаганына байланыштуу өндүрүш иши кыскартылган. Күбөлөр суралбай калыптыр деген кайта-кайта билдирүүлүлөрдү текшерүүнүн алкагында суралбай калды деген күбөлөрдүн баары дыкаттык менен суралып чыккан. Мунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн жүйөлөр орун таппаганына байланыштуу өндүрүш кыскартылган.

Милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова Аскаровдун кандуу окуяга тиешеси жок дегенге ишенбейт. Эгер эл аралык коомчулуктун кысымы менен укук коргоочуну актоо иштери башталса, кескин чараларга барышарын эскертти:

- Болгон күчүбүздүн баарын ошого жумшайбыз. Колубуздан келген иштин баарын аткарабыз. Аскаровдун үйүндө отурганын көргөн 160 күбө бар деп жазып атышат. Бул акылга сыя турган иш эмес да. Ошончо күбө райондук, облустук, болуптур, Жогорку Сотто эмнеге катышкан жок? Үч жыл өткөндөн кийин каяктагы 160 адамды айтып чыгышат.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы маалымат жыйында Аскаровго байланыштуу эл аралык коомчулуктун кысымына кабылып жатканын айткан болчу. Бирок укук коргоочунун ак экенин айтып далилдеген күбөлөр жоктугунун белгилеген:

- Журналисттердин, НПОлордун кайрылууларынан башка мага конкреттүү бир-эки күбө бергилечи. Ошол милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүп, башын кесип, өрттөп атканда болгон конкреттүү күбө бергилечи. Акыркы жолу Германияда немис президентине "эгер сиздин өлкөңүздө сот чечими чыкса, кимдир бирөөлөр аны жокко чыгар деп сизге кайрылабы" деп сурадым. Аскаров боюнча соттун чечимин президент жокко чыгарсын дегендер Кыргызстанды сыйлабаган адамдар.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы коогалаңда башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Жогорку Сот райондук жана облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырып, Аскаровду күнөөлүү деп тапкан. Аскаров айыбын мойнуна алган эмес.

Кыргызстан Орусиядан курал сурады

Кыргыз өкмөтү Орусиядан артиллерия, танк жана башка оор аскер техникаларын сураганын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев билдирди.

Табалдиев орусиялык РИА Новости маалымат агенттигине маегинде өз өкмөтү Орусиядан артиллериялык куралдарды, танк, зениттик көчмө комплект, машине, талаа жана стационардык госпиталдарды жана башка оор аскер техникаларын сураганын ачыктады.

“Кыргыз тарап керектүү курал-жарактардын тизмесин Орусияга жиберип, азыр жообун күтүүдөбүз”, - деди Коргоо кеңешинин катчылыгынын инспектору Адылбек Курбанов “Азаттыкка”:

- Керектүү делген курал-жарак, аскерий техниканын тизмеси Орусияга жиберилген, эми алар аны карап, кайра бизге жибериши керек. Өткөн жылдын декабрында бул боюнча тараптар сүйлөшүшкөн, анан орус тарап бизге жообун бермек болгон. Сиз жогоруда айткан куралдардын баарын сураганбыз, азыр жооп күтүп жатабыз.

Былтыр сентябрда орус президенти Владимир Путин Бишкекке расмий сапар менен келгенде Кыргызстан аймагында Орусиянын бирдиктүү аскерий базасын түзүү тууралуу макулдашуу болгон.

Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирет. Мунун алкагында Орусия Кыргызстандын карызын кечүү, ГЭС куруу жана аскердик-техникалык жардам берүү жагы каралган болчу.

Мурдагы коопсуздук кызматкери, генерал Артур Медетбеков Кыргызстан Орусиядан курал алуу боюнча дээрлик алты жылдан бери эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатканын, эгерде айтылган курал Кыргызстанга берилчү болсо, бул жардам куралдуу күчтөрдү ирдентээрин айтат:

- Айтылган куралдарды Орусия берчү болсо, армиянын духун көтөрүп, куралдуу күчтөрдү чыңдаганга абдан жардам болмок. Бирок бизге заманбап, жаңы куралдар берилбейт, ошентсе да ал куралдар Кыргызстан үчүн жаңы деп эсептелинет.

Медетбеков кыргыз тарап бул куралдарды сатып албай, жардам катары алып жатканын кошумчалады. Буга чейин Кыргызстан Орусиядан жардам иретинде алчу куралдын баасы 1 млрд. 100 млн. доллар деп болжолдонуп жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов депутат болуп турган кезде бирдиктүү база куруу боюнча келишим тууралуу айтып, келишимде Орусиядан эски эмес, заманбап курал алуу жагы каралган деп айтканы бар.

Улуттук гвардиянын мурдагы башчысы Абдыгул Чотбаев кыргыз армиясы учурда Советтер Союзунан калган эски курал менен жүргөнүн, бүгүн армия эле эмес, бүтүндөй күч структуралары курал жаңылоого муктаж болуп турганын айтат:

- Бүгүн бизде эмне курал болсо, анын баары Советтер Союзунан калган куралдар. Кыргызстанга акыркы учурда Кытай, Түркия, Америкадан жардам катары бир аз гана атайын курал келгени болбосо, Союз учурундагы куралыбыз менен эле отурабыз. Азыр курал заводдун баары Орусияда, анын үстүнө алар биздин негизги өнөктөшүбүз. Алардан жаңы куралдарды сурашыбыз керек.

Мындан сырткары 2014-жылы Ооганстандан аскерлерин чыгарууну көздөгөн АКШ да Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга курал-жарак, аскерий техникасын калтырып кетүүнү убада кылган эле. Генерал Артур Медетбеков аймактагы коопсуздукту эске алып, 2014-жылы Ооганстандан АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн баары эле чыкпасын айтып, алар кеткен күндө да Кыргызстанга оор техника же курал-жарак эмес, талаа уюлдук байланыштарын, автоунаа жана жеңил техникалык жабдыктарды гана таштап кетет деген пикирде.

Айтор азыр Советтер Союзунан калган курал менен отурган же заманбап курал сатып алууга чамасы жетпеген кыргыз өкмөтү ири державалардын берген куралын алууга даяр болуп турган чагы.

Жол азабы

“Кыргыз туусу” гезити альтернативдүү жолго каршы пикирин билдирип, өз долбоорун сунуш кылгандардын катын жарыялады.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Жапонияга сапарына арналган макала басты. Журналист Азимжан Ибраимовдун макаласы “Куну чыкпаган Кумтөрдүн алтыны – кыргыздын узун сабагы” деп аталды.

30 адам кол койгон “Жол азабынан жону жукарган эл тилеги же мамлекет башчыга кулак кагыш” деген кат “Долбоор сунуштайбыз” деген рубрика алдында жарык көрдү. Катта жакында транспорт министри президентке сунуш кылган алтьернативдүү жол элге пайдасынан зыяны көп жол экенин, бул жол оңой эмес каражатты талап кылгандан сырткары төрт районду – Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торону аралабай курулганы турганын, элден обочо жолдун пайдасы жок болорун, учурда Бишкек-Торугарт жолу бүтүп атканын, андыктан Нарын-Баетов-Казарман автожолу кайрадан калыбына келтирилсе, эч кандай кошумча жолдун кереги жоктугун, эң башкысы жол Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондорун аралап өтсө, элдин байланышы жакшырып, соода-сатык күчөөрүн, ушундан улам 70 километр жолдун алыстыгына карабай, элге чындап кызмат кыла турган 40 мүнөттүк, чыгымы да аз жол курганыбыз жакшы болорун далилдер менен айтып чыкты.

“Алиби” гезити Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу Дастан Сарыгуловдун “Центерра” менен келишим кылымдын аферасы болгон” деген эки беттен турган макаласын орус тилинде жарыялады. Анда азыр көп сандаган кызмат адамдары, министрлер, “Ак жолдун” депутаттары жана башкалар жок эле дегенде Кыргызстандагы 500 млн. доллар накталай акчанын жоголушуна катышы бар экендигине карабастан мамлекеттик чоң кызматтарда отурушканын, алардын катарында Т.Сариев менен К. Исабеков жана башкалар да барын айтты.

Сарыгулов ошондой эле: “Эгер азыркы бийлик чындап эле Кыргызстандын эли жөнүндө ойлойт экен, анда эмне үчүн республиканы 3 жарым миллиард долларга карызга батырып, чет өлкөлүк кредиттерди каалагандай чачып жок кылган чиновниктерди жоопко тартпайт? Эгер азыркы бийлик чындап эле адилеттик жана чындык үчүн кызмат кылса, анда эмне үчүн мародерлорду коргоого алат, эмне үчүн бул маселеде парламент “тормосун” баса салды? Эмне үчүн Бакиевдер менен биргелешип, өлкөнү 5 жылда талап-тоногон чиновниктердин бири да жазаланбайт? Эмне үчүн 2003-жылдан 2009-жылга чейинки Кумтөрдүн афералык келишимине катыштыгы бар министрлер менен депутаттар бүгүн дале мамлекеттик чоң кызматтарда отурат?” деген суроону өкмөттүн да, коомчулуктун да алдына койду.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” аттуу кезектеги макаласын тартуулады. Ички иштер министрине 65 жаштагы Атахановдун ордуна 63 жаштагы Суранчиевди алып келип, министрлик эки жашка жашарганын, эми аны дагы 65ке чыкканча карап отурбай, иштейм деп турган жигиттерди, маселен ошол эле жердеги Жусубалиевди же Мелис Турганбаевди министр кылып алып барса туура болмогун айтты.

Аракеев андан ары азыр Бакиевдин жактоочулары уятты мындай кой, ачык эле баягы бийлигин кайра самап турганын, жакшылап ойлонгон адамга, ушул бийлик кантип Бакиевдердин бийлигинен өйдө болбостугун, туура, Бакиев кеткен менен мамлекет оңолуп кете электигин, бирок бул бийлик Бакиев бийлиги жасаган айбандыктын бирин да жасабагандыгын, марттын 13үндө митинг өткөрүп "бийликтин пачагын чыгарабыз" деп ар-ар жерде жар салып жүргөндөрүн, митинг боло берсин, бирок жалгыз шымын айрытып тосмодон секирмейден, бийликти басып ала койом деген желкөөдөн зөөкүрдүктөн алыс болуу керектигин, бийликти митинг менен басып алуу деген Бакиев менен биротоло кеткенин, элдин тонун жамынып, элди алып чыккандар баягы эле Бакиев менен идеялаштар, кошо жешкендер, коррупцияга баткандар, бийлик тийбей калгандар экендигин көчөгө чыккысы келгендердин дагы бир ирет эсине салды.

“Жаңы агым” гезити белгилүү драматург, таланттуу жазуучу Султан Раевдин “Жазана” аталыштагы жаңы романы ушул айда жарык көрөрүн жар салды. Гезит ошону менен бирге эле “Жазгы митингдер болбой калды, революцияга адистешкендер эми башка иш тапкыла!” деген ат менен жарыялаган кабарында Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү коомдук саясий абалды солкулдатууга аракет кылган күчтөргө каршы экендигин, митингдердин артында Бабанов турат деп жазылган маалыматтар жалган экендигин билдиргенин жазып чыкты.

"Кыргызтелекомдогу" талаштын төркүнү

"Кыргызтелекомдогу" талаштын төркүнү (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:59 0:00

“Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышы "Кыргызтелекомдун" азыркы абалына арналды.

Ушул тапта “Кыргызтелеком” ишканасын банкротко учуратып, аны чет өлкөлүк компанияга сатуу аракеттери көрүлүүдө, - деп, аталган мекеменинин радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмесинин эмгек жамааты коңгуроо кагууда.

Ал эми “Кыргызтелеком” акционердик коомунун директорлор кеңеши коюлган дооматтарга макул эмес. Алар ишкананы атайлап каржылык кудуретсиздикке алып келүү фактылары тиешелүү мамлекеттик тескөө органдары тарабынан катталбаганын далил тартып, киреше булактарынын кыскарышын байланыш тармагындагы атаандаштыктын курчушу менен түшүндүрөт.

Талкууга “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун вице-президенти, коммерциялык директору Акылбек Түгөлбаев жана “Кыргызтелеком” ААКнын алдындагы радиорелейлик магистралдар өндүрүштүк бирикмесинин профсоюздук комитетинин төрагасы Жеңиш Осмонкулов катышты.

"Кыргызтелекомдогу" талаштын төркүнү (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:54 0:00


"Кыргызтелекомдогу" талаштын төркүнү (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:46 0:00

Бейөкмөт уюмдар өзгөрүш керекпи?

Жарандык коому күчтүү өлкө саналган Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын бүгүнкү орду жана ага мамиле “Азаттыкта” “Арай көз чарай” талкууланды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын төрайымы Динара Ошуракунова жана АКШдан бейөкмөт уюмдардын ишмердигин иликтеген кыргызстандык окумуштуу, докторант Сайрагүл Матикеева катышты.

“Азаттык”: Сиз өткөндө парламент жыйынында бейөкмөт уюмдар чет өлкөлөрдөн опсуз көп акча алып, аны Кыргызстанды жаманатты кылууга жумшап атышат, буларга мониторинг жүргүзүш керек деп. Буга кандайдыр бир фактылар, байкоолор негиз бердиби?

Надира Нарматова: Жогорку Кеңеште мен биздин акыркы эгемендүү мамлекет болгондон берки 20 жылдын айланасында иштеп жаткан жарандык коомдор, бейөкмөт уюмдар жөнүндө атайын биздин мамлекеттин ичинде бир тескөө катарында мониторинг жүргүзүш керек.

Биздин мамлекетке пайдасы бар бейөкмөт уюмдар болсо иштесин, пайдасы жок эле чет мамлекеттерден колдоочу каражаттардын эсебинен эпсиз эле мындай туура эмес маалыматтарды таратуу аркылуу бийлик менен элдин ортосуна чок салууга аракет жасаган, улуттар аралык мамилелерге шек келтирүүчү жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруучу саясаттарды аныктап, тактап алыш үчүн атайын мониторинг жүргүзүш керек деген демилгени көтөрүп чыккам.

Негизи бул маселе боюнча мен былтыр да айткам, Мамлекеттин коопсуздук комитети тарабынан бир топ аракеттер жүргүзүлгөн, конкреттүү фактыларга таянып туруп, анан мен демилгени көтөрүп чыкканга мажбур болдум.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Кыргыз мамлекети эгемендүү, өзүңөргө белгилүү, шериктеш мамлекеттердин катарында өзүнүн ички саясатын мамлекеттик бийлик өзү жүргүзүш керек, ар кандай ички саясатын, ички башкаруу системаларын, эгерде жөндөп башкара албай калган болсо, анда бул башка. Бирок мыйзамдуу түрдө Конституциянын негизинде бизде мамлекет түзүлүш, Кудайга шүгүр, бүгүн бар, президенттик бийлик бар, парламенттик башкаруу Конституциянын негизинде мына үчүнчү жылга карады, жүрүп жатат. Парламент түзгөн өкмөт өзүнүн ишин аткарып атат, ошондуктан ички саясатыбызга сырттан кийлигишүүгө жол бербешибиз керек.

Биз кийлигишип атат деп айтабыз, себеби биздин мамлекетке абадай, суудай керек болгон тынчтык, анан бейпилдик, анан мамлекеттин туруктуулугу керек. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз ар кандай тескери көз карашта болгон бейөкмөт уюмдарды, алардын жүргүзгөн ар кандай долбоорлору канчалык деңгээлде биздин мамлекетке пайдасы, зыяны бар экендигин ачыктан ачык айтып, мониторинг жүргүзгөндүн эч кандай жаман жери жок.

Динара Ошуракунова: Мен үчүн мониторинг деген түшүнүксүз. Эмне деген мониторинг, аны ким жүргүзөт, мамлекеттик органдарбы? Эгерде мамлекеттик органдар болсо, алар ансыз деле жүргүзүп жатышат. Анткени бардык ошол грантты алып келген уюмдар, мисалы, салыктарды, Соцфондго салыкты төлөшөт, дайыма өздөрүнүн отчетторун берип турушат. Эгерде парламенттеги депутаттарга ошонун баары кызык болсо, Салык кызматына барыппы, же Соцфондго, же Юстиция министрлигине кайрылып, каттоолорун, уставдарын алып, эмне боюнча иштеп, кайсы жерден акча алып келип атканын билсе болот.

Экинчиден, бул эл аралык уюмдардын бардыгы тең Кыргызстанда катталган, мамлекет чакырып, аккредитация берген. Ошол эле эл аралык уюмдар парламентке жана башка биздин бийликке гранттарды, кредиттерди берип атат, ошону менен иштеп атышат.

Үчүнчүдөн, балким, депутаттар каттодон өтпөгөн башка, мисалы, биз азыр көрүп атпайбызбы мечиттер түзүлүп атат, алар кайсы жерден келип атат, ачык эмес уюмдарды карашаар, балким ошол коркунуч бар.

Бирок бул жерде кайрадан эле бизде мамлекеттик система ансыз деле ушундай түзүлгөн: кимдер иштеп атышса алар мыйзам чегинде иштеп, мониторингдерден өткөндөр.

Мен айтат элем, биз, мамлекеттик бюджетке өзүбүздүн салымыбызды абдан көп кошобуз, жумуш орундарын ачып, элге жумуш беребиз. Парламент болсо мамлекеттик бюджеттен каржыланат, ошол бюджетке биз салымыбызды кошуп атабыз да эл аралык инвестицияларды чакырып.

Сайрагүл Матикеева: Мен да бейөкмөт уюмдарга эмне үчүн мониторинг жүргүзүш керек – түшүнбөй жатам. Биздин Конституцияга ылайык, ар бир атуул өзүнүн өнүгүүгө мыйзамдын чегинде салым кошконго укугу бар. Бейөкмөт уюмдар, коммерциялык бейөкмөт уюмдар да ошол мыйзамдардын негизинде түзүлүп, иштеп атышат. Адилет министрлигинен каттоодон өтөөрдө жүздөгөн документтерди чогултушат, салыктар төлөнөт.

Мисалы, карап көргүлө, эгерде, мамлекет бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгүсү келсе, эң жакшы рычаг бул – каржылоо. Мисалы, Европанын өнүккөн мамлекеттеринде, АКШда, Канадада, Италияда, Австралияда бейөкмөт уюмдар толтура, миллиондоп саналат. Бирок булардын бизден бир айырмасы - буларда бейөкмөт уюмдардын бардыгын мамлекеттик уюмдар, бизнесмендер, жеке ишканалар, адамдар каржылашат.

Бул жерде Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар кандай салым кошту деген суроону коюш керек. Чындыгында билген адамдарга бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда элдин активдүүлүгүн, жарандык аң сезимин көтөрүү боюнча бир топ жакшы иштерди жасаган, билинбеген менен майда-майда, бирок көп иштерди жасап атат. Ошондуктан мамлекет эгерде бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгүсү келсе, өздөрү да аракет кылышы керек. Социалдык заказ тууралуу мыйзам азыр ишке ашпай атпайбы.

Ошол мыйзамды иштетип, ошонун негизинде каржы бөлүп, анан ошол каржыны эмне кылдың, кайда жөнөттүк, эмне иш аткардың деп, көзөмөлдөсө болот. Болбосо бул туура эмес болуп калат. Мисалы, мен бейөкмөт уюмдар бирөөгө кызмат кылып атат дегенден алысмын.

Мектеп ордуна - мечит

Оштогу мечит. 2012-жылдын 26-октябры.

Бишкектеги карылар үйүнүн айланасына мечит курууну көздөгөн демилгечилер менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги мечиттин мыйзамдуулугу боюнча талашууда. Ал ортодо Кыргызстанда мектептерден мечиттердин саны ашып түштү.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна бул ирет дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын талдоо, дин уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, социология илимдеринин доктору Маметбек Мырзабаев, Кыргызстандын муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов жана саясат таануучу Кубан Абдымен катышты.

"Азаттык": Равшан мырза, Кыргызстанда мечит куруунун эрежелери кандай? Аны ким көзөмөлгө алып, ким уруксат берет?

Эратов: Мечит курууну Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы көзөмөлдөйт. Анын алдында мечит куруу боюнча атайын бөлүм иштейт. Эгерде ким мечит кургусу келсе, ал муфтийдин атына арыз менен кайрылат. Айыл өкмөтү мечит курула турган жерге токтом чыгарып бериши керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Араб өлкөлөрү же Түркиядан мечит куруп беребиз деп келген демөөрчүлөргө ар дайым жол ачыкпы?

Эратов: Албетте. Анткени бүгүн Кыргызстандагы мечиттердин көпчүлүгүн демөөрчүлөр куруп жатышат.

Мырзабаев: Маселенин баары ушул жерде жатат. Эгерде биздин муфтиятыбыз өзү күчтүү болуп, каржылык абалы жакшы болсо, мечиттерди өздөрү эле курмак. Араб, Түркия же Иран өлкөлөрүн демөөрчү кылбай эле өзүбүз курсак мамлекетте да кооптонуу азыраак болмок.

Мисалга алсак, муфтияттын эсеби боюнча 2300дөн ашуун мечит бар экен, а бизден эсептен өткөндөр 1800 гана мечит. Демек 300-400 мечит каттоодон өтпөй эле иштеп атат, демек буларга көзөмөл да жок.

Абдымен: Мечиттердин көбөйүшүн бир жагынан алганда талаш жаратпай турган оң көрүнүш деп бааласак болот. Экинчи жагынан мечиттердин санынын эсебин билбей калганыбыз бул көзөмөлдүн, ал жерде эмне болуп жатканын билбей калганыбыздын белгиси.

Бул - мамлекеттин алдындагы дин башкармалыгы, муфтият баары чогуу иш алып барышы зарылдыгын көрсөтүп турат.

Түркиялык Pegasus кыргыз рыногуна кирди

Кыргызстан менен Түркия ортосунда жаңы аба каттам ачылганы жатат. Март айынан тарта “Эйр Манас Эйр” компаниясы Бишкек – Стамбул багыты боюнча аптасына жети ирет каттай баштайт.

“Эйр Манас Эйр” авиакомпаниясы 21-марттан тарта Бишкек-Стамбул багытындагы жаңы аба каттамы ачып, жүргүнчүлөрдү ташыганы жатат. Бул компаниянын башкы директору Ылгар Алптекиндин айтымында, каттамды ачууга Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинен уруксат алынып, билеттер сатыкка чыгарылды:

- Кудай буйруса, 21-марттан тарта каттамды ачканы турабыз. Учактар аптада жети күн учуп турушат. Бул үчүн бардык уруксаттарды колго алып, билеттерди да сатыкка чыгардык. Азырынча Бишкек-Стамбул каттамын ачып жатабыз. Биздин жүргүнчүлөр бул каттам менен Стамбулга жеткен соң Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнө кете алышат. Андан соң биз Бишкек-Москва, Бишкек-Үрүмчү каттамдарын ачалы деген максатыбыз бар.

Алптегиндин айтымында, “Эйр Манас Эйр” компаниясын түркиялык Pegasus Airlines жана жергиликтүү “Эйр Манас” компаниялары биргелешип түздү. Каттамдагы учактар түркиялык компанияга таандык.

Негизинен түркиялык Pegasus Airlines компаниясы 2009-жылдан бери эле Кыргызстанга каттам ачууга аракет кылып келген. Бирок ар кыл себептер менен бул аракеттер ишке ашкан эмес.

Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинин директору Акылбек Жумабаев бул ирет түркиялык компания кыргыз мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык талаптарга, анын ичинде коопсуздук шарттарына жооп бергени үчүн каттам ачууга уруксат берилгенин маалымдады:

- Бул компания биздин талапка шайкеш келет деген сертификаттарды алышты. Эми башка компаниялар деле жаңы каттам ачабыз дешсе, биз аларды карап көрүп уруксат берүүгө даярбыз. Анткени канчалык атаандаштык көп болсо, ошончолук арзан болот.

“Эйр Манас Эйр” компаниясынын өкүлдөрү жаңы каттамдын ачылышы менен бул тармакта атаандаштыкка жол ачылып, учак билеттери арзандайт деп ишендиришүүдө. Себеби соңку беш жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан-Түркия ортосунда жалгыз “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясы гана каттап келген.

Аталган компания бааны өзү билгендей аныктап, билет баасы 400-500 доллардан арзандаган эмес. Ылган Алптегиндин айтымында, жаңы каттамдын ачылышы менен билет баасы эки эсеге арзандаары күтүлүүдө:

- Биздин компания Кыргызстанга жаңы системаны киргизүү менен учак билетинин баасы абдан эле арзандатып, Бишкектен Стамбулга билеттин баасы 190 доллар деп белгиледик. Биздин системага ылайык, жүргүнчүлөр учакка түшкөнү үчүн гана төлөшөт. Эгер тамак же башка нерсе сатып алгысы келсе, анда каалоосуна жараша кошумча акча төлөп, сатып алса болот. Башка компанияларда мына ушундай кошумча кызматтарды баарын кааласа-каалабаса да жүргүнчүгө таңуулап, билеттин баасы көтөрүлүп кетчү.
Булар бир-эки айдан кийин өз жүргүнчүлөрүн тапкан соң билеттин баасын сөзсүз көтөрүшөт деп ойлойм.

Билеттин баасынын кымбат болгону Түркияда окуган кыргыз жаштарынын нааразылыгын туудуруп келген эле. Алар билеттин кымбаттыгынан Түркиядан Кыргызстанга келип-кете албай жылдап кыйналганын айтып, бул маселени жөндөө үчүн бийликтерге да кайрылышкан эле.

“Эми студенттердин капчыгына туура келген жаңы каттамдын ачылганы биз үчүн жакшы жаңылык болду”- дейт Түркиядагы Сакария университетинин магистранты Зуура Ашымова:

- Жаңы каттам ачылат дегенде абдан кубандык. Себеби мурда аябай эле кымбат болуп, бул жактагылар жылдап үйлөрүнө бара алышпай калчу. Эми мен 21-марттан кийин үйгө барып келейин деп жатам.

Анткен менен билеттин арзандатылышы жүргүнчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруу үчүн жасалган убактылуу айла катары баалагандар жок эмес. Маселен, кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу Туран Беркер Акдевелиоглу “Эйр Манас” ички базарга кирип алган соң билеттердин баасын көтөрүшү мүмкүн деп чочулайт:

- Албетте жаңы компаниянын кирип, билет баасын арзандатканы жакшы нерсе. Бирок муну утурумдук эле жарнамалык акция катары карасак болот. Анткени булар бир-эки айдан кийин өз жүргүнчүлөрүн тапкан соң билеттин баасын сөзсүз көтөрүшөт деп ойлойм.

Буга чейин Бишкек-Стамбул багытында жергиликтүү “Бишкек Эйр” деп аталган компания каттам ачкан. Бирок ири “Түрк аба жолдору” компаниясынын атаандаштыгына туруштук бере албай, 2-3 ай өтпөй жабылууга аргасыз болгон.

Орусия Ошко база кургусу келет

Орусиянын Канттагы авиа базасы,12-август, 2012.

Орус өкмөтү Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү аскердик базасынын статусу жөнүндөгү келишимди ратификациялоону сунуштады.

Бул арада орус маалымат каражаттары бул келишимдин ратификацияланышы менен Ошто орустардын жаңы аскердик базасы ачыларын жазып чыкты. Кыргызстанда болсо сентябрдагы келишимде жаңы аскердик база тууралуу сөз жок экени айтылууда.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев келишимди ратификациялоону орус президенти Владимир Путинге 25-февралда сунуштаган. Кыргызстан мурда эле ратификациялаган. Ал эми 21-февралда кыргыз парламенти Камбар-Ата жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча кыргыз-орус келишимин үч окууда жактырды.

Бишкек менен Москва өткөн жылы сентябрь айында аскердик базалар, ГЭСтерди куруу, Кыргызстандын карызын кечүү сыяктуу келишимдерге жетишкен.

Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү аскердик базасы боюнча келишим орус аскерлеринин Кыргызстанда узак мөөнөткө, 20 жылга чейин калуусуна жол берет. Бирок анда Орусиянын Кыргызстандын башка жеринде аскердик базасын ачуу жөнүндө сөз болгон эмес.

Аны Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары Жоомарт Сапарбаев да бышыктады :

- Сентябрдагы келишимде база ачуу боюнча сөз жок болчу. Анткени жаңылышпасам, орустардын базасын түштүктө ачуу боюнча маселе жок болчу.

Кыргызстандын Коргонуу кеңешинин жетекчилиги жаңы база боюнча суроого жооп берүүгө даяр эмес болуп чыкты.

Ал эми Орусиянын “Независимая газетасынын” жазуусуна караганда, жакын арада Орусиянын жаңы базасы Ошко орноштурулат. Аны орнотуу өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаев президент Владимир Путинге кайрылган. Базанын Ошко орнотулушунун максаты - Фергана өрөөнүндө туруктуулукту камсыз кылуу.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандагы Орусиянын бирдиктүү базасы жөнүндө келишим болгондугун, ал эми Ошко база куруу жөнүндө сөз болбогондугун билдирет. Анын айтымында, база ачуу жеңил-желпи иш эмес. Ал үчүн жер бөлүнүп берилип, анын эмнеге керектиги негизделиш керек. Андай аракеттер жасала элек.

Негизи эле Ошко база керекпи деген суроого Иманкулов мындай жооп берди:

- Менин оюмча, чоң базанын кереги жок. Анткени андай база Тажикстанда бар. Кыргызстанда да ошондой куралдуу күчтөрдү кармоонун кажети жок. Бирок ал жерде атайын кызматтарды машыктыруучу базасы болсо болот. ЖККУга кирген, КМШга кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын чакан топторун машыктыруу, ошолорго натыйжалуу күрөшүүнү үйрөтүүчү машыктыруучу база түзүлө турган болсо, ал туура болот.

Иманкуловдун пикиринде, Орусиянын Борбор Азияда кызыкчылыгы күчтүү. Анткени региондогу кырдаал Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет.

Орусиялык эксперт Александр Собянин түштүккө орус аскердик базасы жайгашса, региондогу коопсуздукка байланыштуу бир катар маселелер чечилерин буга чейин билдирип чыккан. Анын пикиринде, база гидроэнергетика жана тоо-кен тармагына салынган орус-кыргыз инвестициясын коргоо үчүн, Фергана өрөөнүндө халифатты курууга каршы турууга, улуттар аралык жаңжалдарга жол бербөө үчүн керек. База болсо Өзбекстан да Кыргызстанга карата коркутууларын токтотот.

Кыргызстандык эксперт Артур Медетбеков Кыргызстанга дагы бир орус базасынын кереги жок десе, Жалил Иманбердиев база ачыла турган болсо, ал террорчулук, баңгизаттарын ташуу, адам уурдоо сыяктуу жалпы адамзаттык коркунучтарга каршы күрөшүү багытында болуш керек деген пикирде болууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун айтымында, Орусия Кыргызстан түштүгүндө аскердик база ачууга көптөн бери кызыкдар болуп келатат. Ошондуктан тийиштүү келишимдер жок эле орус гезиттери, эксперттери Ошто база жөнүндө сөз кылып келишет. Бул жерде чоң саясат жатат.

Акча талаш адам өлүмү менен аяктады

Апрель, июнь окуяларында миңден ашуун курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен.

Бишкек шаардык милиция 10-кичи райондо 27-февралда болгон атышууну иликтеп жатат.

Сейил бактагы атышуудан эки адам ок жеп, бирөө ооруканада көз жумду. Алдын ала иликтөөгө караганда, эки топтун ортосундагы куралдуу чыр үстөгү менен берилген акчадан улам чыккан.

2010-жылы апрель, июнь окуяларында миңден ашуун курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен болчу.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, окуя 27-февралда түштөн кийин саат 4төрдө болгон. Шаардын түштүк дарбазасындагы сейил бакта Ленинград блокадасына катышкандарга арналган эстеликтин жанында эки топ 9 миң доллар боюнча талашып-тартышкан:

- Ал жерде эки топ өз ара чатакташып, биринчи тарап, экинчи топту белгисиз курал менен атып, окуя болгон жерден качып кеткен. Эки жаранга ок тийген. Бирөө оор жаракат алып, ооруканада көз жумду. Экинчиси бутунан жаракат алып ооруканада жатат. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Кылмышка шектүү делген 1971-жылкы адам Бишкек шаарында жеке ишкер катары акчаны пайызга берүү менен алектенчү экен. Учурда издөөдө жүрөт. Анын каякта жашаганы белгилүү.

Сейитов бул топтордун уюшма кылмыштуулукка тиешеси бар-жогу такталып жатканын кошумчалады. Иликтөөгө караганда чырдашкандар буга чейин эле бири-бирине акча берип-алышып жүргөн экен:

- Булар баары бири-бирин таанычу. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургундары экен. Бири-биринен акча алып, кайра пайызы менен кайтарып берип жүрүшкөн. Бул ирээт өз убагында бербегенине байланыштуу, опузолоого чейин барышкан. Чырдашып жаткандардын бир тарабы ок чыгарган. Азыр ким кандайча ок чыгарганы такталууда. Уюшма кылмыш топторго тиешеси бар экени аныктала элек. Тапанчанын тек-жайы да такталууда.

Бул окуяны Таш-Көмүр шаарынын милициясы да териштирип жатканы маалым болду.

Мурунку ички иштер министри, генерал Өмүрбек Кутуев, каш карая электе борбор шаардын сейил багындагы атышууну элдин колундагы курал-жарактын көптүгү менен түшүндүрдү:

- Бул окуяга таң калбай деле койсо болот. Чеченстанда “тапанчасы жок эркек да эркекпи” деп айтышчу эле го. Биздики да ошого өтүп баратат. Азыр элдин колунда курал-жарак көп. Мурда, 95-жылдары Балыкчыдагы аскер бөлүгүн тоноп кетишкен. Анан Баткенде болду. Ошко ары Тажикстандан келет. Азыр курал-жарак толтура.

2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында миңден ашык ок атуучу курал-жарак көптөгөн ок-дарысы менен элдин колуна өтүп кеткен. Ички иштер министрлиги курал-жарактарды кайтарып алуу үчүн акчалай сыйлык жарыялаган. Генерал Кутуев бул аракеттерден майнап чыкпасын айтууда:

- Куралдар “кара базарда” 2-3 миң доллар турса, 5 миң сомго берип коймок беле. Аны издеп туруп эле, тартып алыш керек. Ыкчам иштерди жүргүзүш керек. Кимдин колунда эмне бар экенин баары эле билет. Бири-бирине мактанат, кошунасынын мылтыгы бар экенин билет. Аймактык тескөөчүлөр, кылмыш иликтөө бөлүмдүн кызматкерлери иштеп, куралдарды чогултуш керек. Болбосо эч ким тапшырбайт. Менде болсо, мен деле тапшырбайт болчумун. “Кара базарда” 2-3 миң доллар турган куралды 5 миң сомго эмнеге бермек элем? Ал жөн эле элди бушайман кылбоо үчүн эле айтып койгон сөз. Милиция өздөрүнүн айлыгы жок жүрүп кайсы айлыгына сатып алмак эле?

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө орто эсеп менен жылына курал-жарак колдонулган болжол менен 50-60тай кылмыш катталат.

Кадыралиевдин иши боюнча сот өкүмү чыкты

"Азаттыктын" архивинен: Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө, 14-апрель, 2009

Жогорку Кеңештин депутаты маркум Санжар Кадыралиевди аткан фактынын бетин ачып, айыпкерлерди жазага тартуу боюнча соттук териштирүүлөргө төрт жылга аяк басты.

Жакында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту адам өлтүрүүнү аткарган деп табылган Алтын Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратып, ошол эле кезде мына ушул тергөө эпизоду боюнча кылмышты уюштуруучу деп саналган Мурас Маташовду актады.

Жабырлануучу тарап бул ишке чоң күчтөр кийлигишип, кылмышты уюштуруучу акталып, аталган иштин акыйкат жагдайлары аныкталбай калды деп нааразы. Сот өкүмүнүн акыйкаттыгына айыпталуучу тарап да макул эмес.

Бири акталып, экинчиси жаза алды

Маркум депутат Санжар Кадыралиевди 2009-жылы 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн алдынан атып өлтүрүүгө шектүү деп кармалган Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарган сот ошол эле кезде тергөө органы кылмышты уюштуруучу катары айыптаган ишкер Мурас Маташов актады.

Тергөө материалдарына ылайык, бир эле кылмыш эпизоду боюнча, бири аткаруучу, экинчиси уюштуруучу катары шектелген эки адамга эки башкача сот өкүмү чыкканы жабырлануучу тарапты таң калтырды.

Санжар Кадыралиевди акыркы сапарга узатышууда, 16-апрель, 2009-жыл
Санжар Кадыралиевди акыркы сапарга узатышууда, 16-апрель, 2009-жыл
Тергөөдө кылмыштын негизги мотиви Кадыралиев менен Маташовдун ортосундагы ишкер кызыкчылыктан келип чыккан келишпөөчүлүк катары сыпатталган. Анда кылмышты аткаруучу катары өмүр бою эркинен ажыратылган Алтынбек Итибаев кимдин буйрутмасын аткарган деген суроого сот өкүмүнүн баяндамасында жооп болгон эмес.

Маркум Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева сот өкүмүндөгү мындай калпыстык жабырлануучу тарапты атайын жайгаруу үчүн гана жасалды божомолдойт:

- Менин агамды аткан Алтынбек Итибаев сот тарабынан өзүнө тиешелүү жазасын алды. Бирок ошол эле кезде мына ошол өлтүрүүнү уюштуруп, окуяга чейин машинени сатып алып берип даярдаган жана киллерди курал менен камсыздаган Маташовду актап жиберишин атайын жасалган амалкөй аракет катары баалайм. Анткени анын аткаруучу менен болгон кылмыштуу байланышын тастыктаган жагдайлар тергөөдө аныкталган болчу. Соттун улам-улам жараянды созуп отуруп, аягында мына ушундай өкүм чыгарышына кандайдыр бир күчтөрдүн таасири себеп болду окшойт. Буга жогорку кызматты ээлеген айрым адамдардын кийлигишүүсү да себеп болду. Ошондуктан азыр жабырлануучу тарап эле эмес, мамлекеттик айыптоочу да өкүмгө макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна даттануу келтиргени турат.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өкүмүндө судья Алтынбек Итибаев Санжар Кадыраливге ок атууга анын жеке келишпестиги себеп болгонун мисал келтирген. Тергөө ишиндеги кылмышты аткаруучу менен уюштуруучунун ортосун байланыштырган жагдайлар сот өкүмүндө эмне себептен эске алынбай калганы боюнча судья Чыңгыз Адамкулов комментарий берүүдөн баш тартты:

- Чогулган материалдардын негизинде сот ошондой чечимге келди да. Азыр мен толук айта айтып бере албайм. Анткени азыр колумда ал материалдар жок.

Таасир талаш, дүйнө талаш, так талаш...

Тергөө материалдарында Санжар Кадыралиевдин өлүмүн уюштурган деп шектелген Мурас Маташовго 2009-жылы издөө жарыяланган болчу. Ал бирок 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, тергөөгө өз эрки менен сурак берүү үчүн барып, камакка алынган. Ал өзүнүн түшүнүк катында Санжар Кадыралиев менен жакшы мамиледе болгонун жазып, анын өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

Санжар Кадыралиев
Санжар Кадыралиев
Тергөө материалдары боюнча Санжар Кадыралиев менен Мурас Маташев бир кезде Бишкектеги “Дордой” базарынан Казакстанга жүк ташуу ишкердигин биргеликте колго алышкан. Кийин өнөктөштөр ортосунда келишпестик чыгып, тергөөнүн версиясы боюнча ал эки тараптын өз ара тирешүүсүнө чейин өсүп жеткен. Бирок айыпкер тараптын жактоочулары Санжар Кадыралиевдин өлүмүн эки тарапты тең бир убакта четке чыгарууну көздөгөн Жаныш Бакиевге караштуу кылмыштуу топтун аракети деп карашат.

Мурас Маташовдун агасы Назарбек Маташов бул тууралуу мындай дейт:

- “Дордойдогу” жүк ташуу боюнча фирма – менин инимдин бизнеси. Ал ажыга кетип жатканда Санжар бир учурда “сен келгенге чейин иштетип турайын” деген экен. Бул экөө аталган ишкердикти талашпай эле аябай жакшы достордон болушкан. Кадыралиев депутаттыкка койгондо менин иним колдоп чыккан. Болгону менин иним ажыдан келгенден кийин шериктеш балдары Санжардын чогуу иштешүүсүнө макул болбой койушкан экен. Ал жигиттер менин иним менен бирге көп жыл мурун эле “Дордой” базарынын ичинде “Абусафир” деп Казакстандын шаарларына жүк ташый турган карго ачышкан. Анан Жаныш Бакиевдин адамдары ал жерден көп акча түшө турганын билип, көптөн бери кызыгып жүрүшкөн. Анан аталган каргону алыш үчүн бир ок менен эки коён атууга бел байлашкандай. Бир эле учурда Санжардын көзүн тазалап, аны досторунун мойнуна илип койгон. Ошентип алар бир эле учурда эки жактан тең кутулушкан.

Чиеленишкен карама-каршылык

Ички иштер органдарынын оперативдүү маалыматтарына ылайык, “Дордой”, “Кара-Суу” базарларындагы, “Торугарт” жана “Эркечтам” бажы терминалдарындагы жүк ташуу ишкердигин көзөмөлдөө жагы 2005-жылдан баштап ар кайсы топтордун ортосунда улам бир колдон экинчи колго өтүп турган. Маркум депутат Санжар Кадыралиевдин “Эркечтамда” жана “Дордойдо” ишкердик чөйрөсүнүн кеңейиши жергиликтүү кылмыш топторунун кызыкчылыгына шек келтирген.

2009-жылы жазында Санжар Кадыралиев менен Жаныш Бакиевдин ортосундагы мамиленин тымызын бузулушу ага кол салууга кызыкдар кримтоптордун планын тездеткен. Тастыкталбаган маалыматтар боюнча Санжар Кадыралиев 2009-жылы мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун көзүн тазалоо тапшырмасынан баш тартып койгон экен. Санжар Кадыралиев жок кылынгандан кийин өлкөнүн түштүк аймагындагы жүк ташуу ишкердигин көзөмөлдөө кримавторитет Рысбек Акматбаев өлтүрүлгөндөн кийин баш көтөргөн башка бир топтун колуна өткөнүн эске алсак, мында Жаныш Бакиевдин жеке каалоосу менен криминалдык топтордун кызыкчылыгы бир жерден чыкканын байкоого болот.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Мелис Турганбаев аталган мезгил аралыгында жасалган жалданма адам өлтүрүүлөрдүн бири-бири менен байланышы бар экенин белгиледи:

- Эми бул кылмыш иши боюнча ошол кезде ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Айбек Абдразаков иштеген да. Анан ал азыр башка кылмыштарга да шектүү катары издөөдө жүрбөйбү. Ал жерде көп суроолор бар. Мүмкүн ал өзү бул жакта болгондо көп нерсенин башы ачылмак. Оперативдик маалыматтарга негизделген бир нече версиялар бар. Негизи мына ошол аралыктагы кылмыш иштеринин бардыгы бири-бири менен бир чынжырда.

Свердлов райондук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн айыпкер Алтынбек Итибаевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна даттанмакчы.
Итибаевдин элеси окуя болгон жердеги видеобайкагычка түшүп калганын жана ал аталган кылмышты өз мойнуна алганын ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев билдирген болчу. Бирок Итибаев 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин ага кылмышты кыйнап мойнуна алдырышканын айтып чыккан.

Анын бир тууган агасы Медер Итибаев сотто шектелүүчүнүн кызыкчылыгындагы далилдер эске алынбаганына токтолду:

- 2009-жылы 14-апрелде түшкү саат үчтө Мурас Маташов, менин иним Алтынбек Итибаев, Вадим деген орус киши, бир Каржы полициясында иштеген Алтын деген жигит ошол кездеги транспорт министринин орун басары, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиевдин кабылдамасында болушкан. Саат төрттөн кырк мүнөт өткөндө ал жактан чыгышкан. Бул боюнча башка күбөлөр менен бирге эле депутат өзү да сотко келип көрсөтмө берди. Ал эми Санжар Кадыралиевди ошол күнү төрттөн жыйырма өткөндө атып кетишкен. Мындан сырткары сотто жанагы Конгантиев айткан диск ачылбай койду деп көргөзүшкөн жок. Анткени Кадыралиевди аткан учурда ошол жердеги ишканалардын биринин видеобайкагычына узун бойлуу, ак жүздүү киллердин элеси тасмага түшүп калган. Менин инимдин бою жапыз, өңү каратору болуп жатпайбы. Сот мына ушул жагдайларды эске албай койду.

Сотторго собол көп

Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө байланышкан сот ишине жабырлануучу тарап менен бирдей эле айыпталуучу жак да нааразы. Мындай шартта сот тергөөдө бекитилген фактыларды жана жагдайларды канчалык акыйкат териштире алды деген суроо кабыргасынан койулууда. Милициянын генерал-майору Рашид Тагаев жабырлануучу тарап менен айыпкер жактын дооматтарын акыйкат териштирүүдө сот органдары мыйзамга жатпаган факторлорго басым жасап өкүм чыгарган учурлар көп экенин белгиледи:

- Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши качан эле аягына чыгыш керек эле. Арадан канча жыл өттү. Бул жерде соттордун кандайдыр бир факторлорго көз карандылыгы болуп жаткандай. Алардын чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугун карай турган эч ким жок. Ошондуктан соттор өздөрү каалагандай чечим чыгарып жатышат. Буга өлкөдөгү криминал менен бийликтин көптөн бери чырмалышкан абалы таасир этип жатат.

Коомчулукта сотторду акча менен сатып алуудан башка бийлик, криминалдык топтор жана мафиялык түзүлүштөр аркылуу кысым көрсөтүү факторлору күчтүү экени айтылып келатат. Айрыкча жалдап адам өлтүртүү фактыларын соттук териштирүүгө алууда чиеленишкен жагдайлар көп. Анткени кылмыштын изин жашыруу үчүн тиешелүү күбөлөрдү жана далилдерди жок кылып жиберүү жалдап адам өлтүртүүдөгү негизги усул катары айтылып жүрөт. Айыпкер Алтынбек Итибаевди автоунаа менен окуя болгон жерге чейин жеткирген “өнөктөш айдоочу” катары шектелген Раатбек Сейитбеков (лакап аты Сайфи) тергөө абагында табышмактуу жагдайда каза болгон.

Ала-Тоону байырлаган балкарлар

Чүй облусунун Ново-Покровка айылында турган Мишаевдердин үй-бүлөсү

Кыргызстанда 1300гө жакын балкар бар. Сталиндин репрессиялык саясатынан улам 1944-жылы Кавказдан көчүрүлгөн бул эл Ала-Тоону өз мекени деп санап, келечегин ушул жерден көрүп калышкан.

Балкарлар Кавказдан келген башка элдердей эле каада-салттарга бай калк. Улуттук бий алардын маданиятынын маанилүү бөлүгү. Биздин кыргызстандык балкарлар менен таанышуубуз да дал ошол бий өнөрүнөн башталды.

Алийнат Мишаева жергиликтүү балкарлар сыймыктанган улутташтарынын бири. Ал арген үнү менен ырдайт, өзүнө жарашкан улуттук кооз көйнөктөрүн кийип алып, бийлеп да берет. Балкарлардын кайсыл бийи болбосун, алар сөзсүз түрдө карманган эрежелер бар.

Балкарлардын улуттук бийлери Кавказдан келген башка бийлерге окшош.
Балкарлардын улуттук бийлери Кавказдан келген башка бийлерге окшош.
- Эгер жигит эки колун өйдө көтөрүп бир айланса – ал кызды бийге чакырып атат. Кыз бийлегиси келсе ал да эки колун өйдө көтөрөт же жигиттин оң жагынан өтүп кетет, эгер каалосу жок болсо сол жагынан өтүп кетет. Албетте, жигит дагы аракет кылып көрсө болот, бирок бизде антпейт. Бийлеп атканда кыз менен жигиттин колу бири-бирине тийбеш керек, алар аралыкты сакташ керек. Кыз болсо дайыма жерди карап бийлейт, ал эми жигит болсо анын көзүн карайт. Эгер бийлеп атканда колдору тийип кетсе жаңжал болот, ал эми жигит кызды колу менен курчап алса – ага үйлөнөйүн дегенди билдирет. Бизде бир эле бий бар, ошол жакта жигит кыздын колуна тийсе болот, бирок кыздын колу жоолук менен оролгон болот, анан ошентип бийлешет.

Радиобаянды толугу менен бул жерден угуңуз




Балкарларда бий – бул жөн эле денени кыймылдатуу эмес. Мунун артында терең философия, эркек менен кыздын ортосундагы мамилени, сый-урматты көрсөткөн тил турат. Ушул түшүнүктү 2001-жылы “Къууанч” бий ансамблин ачкан, топтун жетекчиси Назби Бапинаев өзүнүн окуучуларына түшүндүрүп келатат.

- Негизи ар бир бийдин мазмунун түшүнүш керек, анткени бий – бул сөз жок тил. Ушул бий аркылуу эркек менен кыздын ортосунда мамиле түзүлөт. Эркек кызга колунун учун да тийгизбейт, анткени ал ошентип өзүнүн сыйын көрсөтүп атат. А бирок кыймыл-аракеттер аркылуу алар бири-бирине айта турган сөздөрүн билдирип, өзүнүн ички дүйнөсүн чогулгандарга айтат.

Кыргызстандык балкарлардын "Къууанч" ансамблинин жетекчиси Назби Бапинаев (солдо) балкарлардын аксакалы Кожомурат Ногайлиев менен.
Кыргызстандык балкарлардын "Къууанч" ансамблинин жетекчиси Назби Бапинаев (солдо) балкарлардын аксакалы Кожомурат Ногайлиев менен.
“Къууанч” бий ансамблинде жалпы эсеп менен 2000дей ар улутуу балдар-кыздар Кавказдын түрлүү бийлеринин сыры менен таанышып, концерттерде чеберчилигин көрсөтүп, жергиликтүү концерттерде алдыңкы орундарды жеңип келатышат.

“Къууанчта” жаштар достошуп, туугандай бири-бирин колдоп, кыз-жигит болуп бийлеп жүргөндөр атыгүл кийин баш кошуп жатышыптыр. Андай түгөйдөн бешөө бар деп ансамблдин жетекчиси Назби Бапиев мактанат:

- Мурун үлпөт тойлорунда жаштар мындай кесипкөй түрдө кавказдык бийлерди бийлегенди билбей, ар кандай улуттардын кыймыл-аракеттерин аралаштырып эле бийлеп атышкан. Албетте аларга эч ким айтып бербесе кандай туура бийлеш керек экендигин билбейт. Ошол үчүн 2001-жылы “Къууанч” ансамблин түзүп, жөн эле бийлебестен, биздин элдин маданиятынын ар кандай тармактарын өнүктүрөйүн дедим. Азыр жаштардын көбү келип, кызыгып билип атышат. А түгүл андан ары өнүгүп, өз алдынча кеткен беш-алты топ бар.

Бийлерден сырткары, Къуанч ырга шыгы барларды да колдоп турат. Алийнат Мишаева арген үнү менен орусча да, балкарча да бир-эки саптан төгүп жиберди.

Кавказдан Ала-Тоого

8-мартта балкарлар Кавказдан көчүрүлгөнүнө 69 жыл болот. “Минги тау” кабардин-балкар коомунун маалыматы боюнча, Сталиндин репрессиялык саясатынан улам 1944-жылы Кавказдан 37 миңге жакын балкар поезд менен Казакстанга көчүрүлгөн, андан кийин анын жарымы Кыргызстанга келген. Көчүрүлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү аялдар менен балдар болду, эркектер согушта эле.

Жергиликтүү балкарлардын аксакалы, 78 жаштагы Кожомурат Ногайлиев ал күндөрдү жакшы билет, анткени көчүрүп атышканда 10 жашта болчу. Апасы менен жүк ташуучу поездге отургандан баштап 10 жылдан ашык башынан кечирген азапты дайыма көз жаш менен эстейт.

- Көчүрүүнү жүрөгүнө жакын кабыл алгандар поездде эле каза болуп атышты. 40 градустук суукта Казакстандын чөлүнөн өтүп, ушу Ново-Покровкага бизди алып келишкен. Эч нерсебиз жок. Кыйын заманды башыбыздан кечирдик. Бирок башка көчүрүлгөн элдер, араң жашап аткан орустар, кыргыздар бизге да жардам берип, болгону менен бөлүшүп атышты.

Кыргызстандагы кабардын-балкар "Минги-Тау" коомунун жетекчиси Башир Акаев.
Кыргызстандагы кабардын-балкар "Минги-Тау" коомунун жетекчиси Башир Акаев.
Ошол жылдары келген балкарлардын көбү Чүй облустарынын бир нече айылдарында отурукташкан. Азыр алар Ново-Покровка, Дмитриевка, Соржон айылдарында жана Бишкекте турушат. Андан сырткары Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир-эки үй-бүлө табылат.

Диаспора башчысы Башир Акаевдин айтымында, балкарлар көбүнчө мал жана жер менен шугулданып, азыр деле ошол тиричилигин улантып келатат.

- Балкарлар менен кыргыздардын тили окшош болгондуктан, чечен же ингуштарга караганда аларга жеңилирээк болду да. Алгач келгенде аларды элдин душманы деп кабыл албай койгон экен, бирок кийин аларды жакшы көрүп, достошуп калышты.

Балкарлардын тарыхый мекени – Орус Федерациясына кирген Кабардын-Балкар Республикасы. Ал Кавказдын тоолуу жеринде орун алган. Балкарлардын ата-бабалары азыр өздөрү деле тоого жакын жашап келаткандыктан аларды башкача дагы тоолуктар же орусча айтканда горцы деп коёт. Албетте бул алардын жашоо-тиричилигин мүнөздөп турат. Алар мал менен шугулданып, улуттук тамактары көбүнчө эт жана сүт азыктарына байланышкан.

Балкарлардын негизги тамагы - хычын. Ал ун, сыр жана картошка менен жасалат.
Балкарлардын негизги тамагы - хычын. Ал ун, сыр жана картошка менен жасалат.
Ново-Покровкада Люаза Мишаева бизди балкарлардын улуттук ашканасы менен тааныштырды.

- Менин колумда балкарлардын эң башкы тамагы – хычын. Ал каттама сыяктуу ун, сыр жана картошка менен жасалат. Бул бат даярдалат анан ток болосуң. Ошол үчүн ата-бабызда эң башкы тамак болуп калса керек. Андан сырткары биз силерге окшоп эт асабыз, айран даярдайбыз, сыр кылабыз. Хворост сыяктуу лөкүм дегенибиз бар. Биздин ата-бабаларыбыз көп эт жегендиктен, ал жакшы сиңиш үчүн артынан айран жутуп, же мындай тузлук деген приправа менен жешчү, анткени бул ден-соолукка пайдалуу, аш-казанды иштетет.

Ааламдашуу доорунда да балкарлар улуттук салттарын унутпаганга, сактап калууга аракеттенип турушат экен. Ново-Покровкада бизди коноктогон Мишаевдер үй-бүлөсүндө дасторкондо жалаң гана эркектер отурду, аялдар болсо тамакты алып, чайын куюп кайра кетип атышты.

Ново-Покровка айылынын балкар тургуну Люаза Мишаева (солдо) немис келини Валентина Мишаева жана небереси менен.
Ново-Покровка айылынын балкар тургуну Люаза Мишаева (солдо) немис келини Валентина Мишаева жана небереси менен.
Балкарлар өзү аз болгондуктан негизинен жыш отурукташып, кызды өз элинин балдарына эле бергенге умтулушат. Бирок сүйүү улут дегенди билбейт эмеспи. Алийнат Мишаеванын атасы Ибрагим Мишаев балкар болгону менен апасы Валентина Мишаева немис экен. Жоолук салынып, балкарлардай кийинип алган Валентина Мишаеваны немис деп айта албайсың.

- Биз бир үй-бүлө болгондуктан баарыбыз бир болушубуз керек. Мен балкарлардын бардык каада-салттарын аткарам жана өзүмдүн балдарыма да сиңирип жатат. Мен өзүмдүн күйөөмдү сүйөм, өз ниетим менен исламды кабыл алдым. Эгер коноктор келсе мен аларды жакшы тосуп алып, курсактарын тойгузуп, жакшы узатышым керек. Мен ушуга көнүп калдым. Мисалы, немистерде кичине башкача. А мен башкача жашай албайм жана ушуга бактылуумун. Балкарлардын арасында жүрөм, жардам берип коюп. Ким мени билбесе ал балкар эмес деп айта албайт. Балкарлардын арасында көп жүрүп аларга окшошуп калсам керек.

Тасмада: Балкар улуттук даамы

Балкарлардын улуттук даамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Ал эми күйөөсү Ибрагим Мишаев болсо өзүнүн негизги жумушунан сырткары спорт клубун ачып, ар улуттагы жаштарды күрөш чеберчилиги аркылуу бириктирип, достоштуруп келатат. Ал клубга балкар, уйгур, кыргыз, орус, жөөт жана грек балдар да барып турушат экен. Мишаевдин айтымында, ар бир спорттун артында өзүнүн философиясы бар жана ошол философияны жаштарга жеткирип туруш керек, анткени алар жөн эле уруп-соккулоого эмес, спорт өнөрү аркылуу ынтымактуу болууга үйрөтүп турат.

Балкарлардын ата-бабалары илгери бутпарас жана христиан болгону менен азыр алар ислам осуяттарын катуу карманган элдердин бири.
Балкарлардын ата-бабалары илгери бутпарас жана христиан болгону менен азыр алар ислам осуяттарын катуу карманган элдердин бири.
- Тартип – бул ийгиликтин башаты. Биздин клубубузда ар улуттун балдары бар жана аларды мен бириктирүүгө аракеттенем. Маанилүү эмес – сен кыргызсыңбы, балкарсыңбы же оруссуңбу. Сен адам болушуң керек. Бири-бириңерди сыйлап, урматтап, колдоп, эч кандай бөлүнүү болбош керек. Бирөөнүн саясатынын артынан чуркап жаңжалга киришпей, достошуп жүрүш керек. Ошол кээ бир адамдар жаштардын башын айлантып, тескери жолго салып атышпайбы. А менин балдарым болсо тетирисинче ошондой жаңжалдарды жөнгө салып, өзүлөрүнүн арасында тартипке чакырып турат. Өлкөбүз ушундай акыбалда турганда биз ойлонуп, кайра өнүгүүгө аракеттенишибиз керек да.

Кыргызстанда балкарлар жеке эле спорт, айыл чарба иштери, ишкердик менен алектенбейт. Маданият ишмерлери, мугалим, доктурлар да бар. Сталин каза болгондон кийин анын репрессиялык саясатынан курман болгон элдерге кайра Ата Мекенине кайтууга 1957-жылы уруксат берилгенде балкарлардын көбү киндик каны тамган жерине кайткан. Ал эми Ала-Тоодой жаңы мекенин жердеп калгандар кыргызстандыктар менен жашоо-тиричиликтин ысык-суугун бирге тартып, өмүр сүрүп келатышат.

Балкар улуттук кийими

Балкар улуттук кийими
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Кумтөр бүгүн...

Кыргыз-жапон мамилесиндеги өксүктөр

Президент Алмазбек Атамбаев жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен жолугушууда. Токио, 27-февраль, 2013.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жапонияда жүрөт. Бул сапар эки өлкөнүн алака-катышына кандай пайда алып келет жана кыргыз-жапон мамилелеринин өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Бул теманы “Азаттык” "Арай көз чарай" талкуулады. Талкууга Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин директору Авасбек Атаханов, белгилүү дипломат,окумуштуу жана коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков жана Жапониядагы Васеда университетинин докторанты Сейтек Качкынбаев катышты.

Белгилеп койчу маалымат: Жапония менен Кыргызстан ортосундагы дипломатиялык кызматташтык жөнүндөгү келишим 1992-жылы 26-январда түзүлгөн. Бул аралыкта эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматтыштыктын өлчөмү 800 миллион долларга жеткен.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




“Азаттык”: Авазбек мырза, айтсаңыз Кыргызстандын Жапонияга мамлекет башчысы деңгээлиндеги сапары 6-7 жылдан кийин жаңыланып отурат жаңылбасам. Президент Атамбаевдин бул жолку сапарынан кандай тыянактарды күтсө болот. Күн тартибинин өзөгүн кандай маселелер түзүп атат?

Авазбек Атаханов: Биринчиден, өзүңүз туура айтып атасыз, 6-7 жылда ушундай жогорку деңгээлде биринчи расмий түрдө сапар жасалып жатат. Бул сапардын чегинде бир топ министрликтердин жана бир топ тармактардын ортосундагы кызматташтыктар талкууланып жана тиешелүү келишимдерге кол коюлат. Ушулардан эң негизги саясий жана маанилүү келишим – кошумча билдирүү. Ага биз тараптан президент, Жапон тараптан примьер-министр кол коюшат. Ушул билдирүүдө эки мамлекет ортосундагы байланыштарга, кызматташтыктарга баа берилет жана келечектеги негизги приоритеттер, келечек кызматташтык принциптери аныкталат.

Кызматташтыкты биз бир эле экономикалык параметрлер менен чектей албайбыз, эки тараптуу кызматташтык ар кыл деңгээлдерде, тармактарда көп тармактуу комплекстүү кызматташтык десек болот. Себеби экономикадан тышкары, мисалы инвестициялык жана гранттык жардамдык чоң кызматташтык жүрүп жатат. Мына бир эле мисалды айтсам, соода-экономикалык байланыш 2012-жылы, бул өтө чоң, жакшы көрсөткүч, 215 миллион долларга жетти. Албетте, биздин экспорттук потенциалыбыз, жапондук импорттук потенциалына караганда бир топ төмөн болуп жатат, болгону 500 миң доллардын тегерегинде, бирок ошого карабастан, абдан чоң жылыш бар деп ойлойбуз, себеби бул былтыркы, мурдагы 2011-жылдагы маалыматтарга салыштырсак өнүгүү өтө чоң.

“Азаттык”: Сейтек мырза, бир топ жылдан бери сиз ошол жерде билим алып жатасыз. Негизи сиздин көз карашта кыргыз-жапон алакаларында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, динамикасы кандай?

Сейтек Качкынбаев: Негизинен динамикасы аябай эле акырын болуп келди эле, бирок 4-5 жылдан бери жалпысынан менчик сектордогу алакалар кыйла өзгөрүп калды, мисалы мына АКИпресске чыкты 250 млн. долларга жакын импорт болду деп, анын ичинен мына караңыз машинелердин соодасы 145 млн. долларды түзүп атат. Бул деген азыр эч кандай мамлекеттин тиешеси жок эле менчик сектор өзү менен өзү мамилесин күчөтүп атат дегенди билдирет. Андан сырткары алып караңыз тарыхта биринчи жолу, мисалы спорт алакасында жаңы федерациялар пайда болуп жатат. Беш жыл мурун биринчи жолу федерация ачтык. Мисалы, йаидону караңыз, кэндону караңыз. Тойота дагы бизге өкүлчүлүгүн ачты. Бул эң жакшы, кубанычтуу нерсе.

​Ал эми мамлекеттик деңгээлде алып карай турган болсок, эки мамлекет алакаларында мындай төрт проблема турат. Биринчиси, бул табийгый проблема туруп атат. Жапония менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы аралык, мисалы, алиге түз рейс жок, бул аябай чоң проблема. Экинчиси, бул - тобокелчилик. Өзүңөр билесиңер риск дегенден жапондор абдан коркушат. Өзгөчө бул эмнеге тиешелүү: бизде мыйзам үстөмдүгү жок, иштебейт. Кокус менчигин алдырып койсо мамлекет коргоп бере албайт. Сотко берсе сот иштебейт. Ошон үчүн тобокелчилик кылгандан коркушат. Үчүнчүдөн, мамлекетибиздин жакшы өнүкпөгөндүгү маселе туудуруп атат, мындайча айтканда “рынок сбыта” деп коёт, биздин өлкө кичинекей өлкө катары каралат, жалпы Борбор Азия регионубузга бир өлкө катары мамиле кылынат да, ошонун ичинде Кыргыз Республикасы өтө кичинекей базар.

Анан төртүнчү проблема, биздин дипломатиянын өзүнүн проблемасы. Эми мен дипломаттарга каршы таш ыргыткым келбейт, бирок мисалы Кыргызстан менен Жапониянын мамилесин оңдой турганга келгенде мамлекеттик деңгээлдеги дипломаттардын профессионалдуулугуна байланыштуу айрым проблемалар кичине өкүндүрүп келет да. Негизинен ушул төрт проблема азыр чоң тоскоол болуп келет.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, негизи ушул кыргыз коомчулугу бул күн чыгыш өлкөсүн өтө бай, өзгөчө менталитети, маданияты бар табышмактуу өлкө деп билет да, жогоруда бул өзгөчөлүктөрүн Сейтек да санап айта кетти окшойт. Мына ушундай өлкө менен дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 21 жыл болду деп атабыз. Бул аралыкта кызматташтык ырааттуу, динамикалуу жүрдү деп айтканга дагы болбойт го. Буга чейинки кызматташтыкта Кыргызстандын тапканы эмне болду?

Ишенбай Абдыразаков: Биз мына тышкы байланыштарды алганда эле эмне пайда таптык деп, ошондон баштайбыз. Эл аралык байланыш деген эки тараптуу болот. Эгерде биз пайда тапсак, башкалар да ошонун бир үзүрүн көргөндөй болушу керек. Эми бизде жапон өлкөсү менен болгон байланышты ала турган болсок, биз өзүбүзчө эгемендүү өлкө болуп баштаганда абдан активдүү баштаганбыз. Себеби эми кандай айтсаңар айта бергиле, бирок кемчилиги көп болгону менен ошо кездеги биринчи президентибиз Акаевдин убагында жапондор менен биздин саясий байланышыбыз, экономикалык байланышыбыз бир топ активдүү түрдө көтөрүлүп кеткен да, анын себеби ар кандай болгон.

Ошонун ичинде жапондор өздөрү мисалы, Советтер Союзу кулагандан кийин өз алдынча болуп кеткен өлкөлөргө мүмкүн болушунча бир жардам бериш керек деген бир позицияда турган да. Ошонун ичинде эми өзүбүздү мактабай эле коёлу, бирок жапондор эгемендүү болгон өлкөлөр менен байланышты өркүндөтүп жүрүп, ошонун ичинде бизге кандайдыр бир симпатиясы болгон да. Алардын себептери көп, эми аларды чечмелеп отурса көп убакыт кетет.

Ошол кезде биз мына Кыргызстанда көп объектилерди, айрыкча, инфраструктурада Ош-Бишкек темир жолун, авто жолун, “Манас” аэропортун, Оштогу аэропортту реконструкция кылаарда, андан башка да иштерде алардын салымы чоң болгон.

Ушундай жакшы эле өсүп келе жаткан болчу, кийин чынын айтканда биздин байланышыбыз бир топ солгундап кетти. Сейтек туура айтат, эми жапондор ар бир нерсеге ушундай бир так мамиле кылышат, ар бири өзүнүн өнөктөшүнө ишенсе болобу, мыйзам менен иштейби, деңгээли кандай деген маселе буларда абдан маанилүү да. Мына бул жагынан биз өзүбүздү өзүбүз сындап көрүшүбүз керек. Биз эми кичинекей өлкөбүз да, мындай чоң бир долбоорлорду түзүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок, ошого карабастан келип жүргөн адамдарды өзүбүз мындай кичине чочутуп адык да. Ошол эле баягы корррупция, ошол эле баягы 10 %, анан эмне бересиң деп, ушундай бир эң жаман жакка өтүп кеткенбиз. Эми ал жалгыз эле бизде эмес, бирок биздеги ошол нерсе жапондордун көп ишкерлерин иренжитип койду да.

Сейтек туура айтат, эгерде мында иштесек, ошол келечеги барбы, ишенимдүү түрдө өзүмдүн кызыкчылыгымды сактай аламбы-жокпу деген бир суроо туруп жатат да. Эгерде ошого ишенбесе анда алар тартынчактап, башка жакка бет алып кетиши мүмкүн. Жакшы эле ниет менен келген адамдарды өзүбүз иренжитип, мисалы, инвестициялык климат түзө албай койдук да. Инвестициялык климат деген биринчиден мыйзам иштеши керек, чатак чыгып кетсе калыс чечүү керек. Инвесторлор, бизнесмендер деле бирдеме табайын, эмгегимди жедирбейин деп келет да. Ошолор биздикилер менен кызыкчылыктарын тең бөлүштүрүп алгыдай болгондо келе башташат.

Байсалов: Карылар үйүнө мыйзамсыз мечит курулууда

Бишкектеги карылар үйүнүн аймагына мечит салуу демилгечилери буга каршы чыккан социалдык өнүктүрүү министрлигин айыпташууда. Бул боюнча социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов "Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Эдил мырза, карылар үйүнүн аймагына мечит куруу демилгеси кимден чыкты эле?

Байсалов: Бул жерде демилге эмес, мыйзамды сыйлабоо маселеси жатат. Анткени ал мечитти эч кандай уруксат кагазы жок эле тургузуп коюшкан. Аны мечит деп айтууга да болбойт, ал мыйзамсыз бир курулуш. Карылар үйүндө ар кандай ишенимдеги карыялар жашашат. Ал жердеги кенен паркты бузуп, Бишкектеги ири мечиттердин бири сыяктуу чоң мечитти жүз автоунаа баткыдай жайы менен кошо мыйзамсыз тургузуп салышкан. Мен август айында жаңыдан дайындалган күнү карылар үйүнө барып, ошол курулушка кабылгам. Сиздер билесиздер, бүгүнкү күнү тиешелүү тараптардын уруксатысыз карылар үйүнүн короосуна эмес, менчик үйүңдүн короосуна бир курулуш тургуза албайсың. Бул мечиттин курулушу мыйзамсыз.

“Азаттык”: Мечитти карылар үйүнүн тургундары “мусулман болгон соң, аркы дүйнөгө шарияттын шарты менен узайлы” деп өздөрү өтүнгөн деген сөздөрдүн чын-төгүнү канчалык?

Байсалов: Бул жөн гана шылтоо. Карылар үйүндө мусулман карыяларыбыз да бар, бирок көп эмес. Мусулман жаран көз жумса аларды шарияттын шарты менен узатуу маселеси ал жерде каралган, тиешелүү шарттар түзүлгөн. Мечит куруу маселеси козголгондо мурунку жетекчиликке да “чакан мечит болот” деп баштарын айландырышып, алдашыптыр. Иш жүзүндө кандай болду? Карылар үйүнүн бир гектардан ашуун паркын бузуп, килейген мечит тургузулуп жатат. Бул өзүм билемдик, четтен келип алып, биздин мамлекетти да, мыйзамды да сыйлабагандык. Анткени бул мечиттин курулушунун артында чет мамлекеттен алынган каражат турат.

“Азаттык”: Айылдарда бала бакча, мектептерге, медициналык түйүндөргө караганда мечиттердин саны көп. Кээ бир айылдарда бала бакчага берилген мечиттер да бар..

Байсалов: Мен динге каршылыгым жок, мамлекет, элибиз жакшы эле шарт түзүп берип жатат, динди өнүктүрүүгө. Бирок мечит деген жергиликтүү элдин каалоосу менен, чечими менен, биргелешкен аракети менен курулушу керек. Четтен эле акчаларды жиберип, акчанын күчүнө салып эле социалдык объекттердин аймагына да дин жайларын кура берүүгө болбойт.

Балдарды кантип кыргызча сүйлөтөбүз?

Бөбөктөр үчүн ыр фестивалы экс-президент Роза Отунбаеванын демилеси менен өтөт. “Кыргыз балдары кыргызча сүйлөбөй баратат” дейбиз. Балдардын ой чабытын өстүрө турган соолугус булак кыргыз тилиндеги ырлар. Ал эми бөбөктөр үчүн бизде ырлар барбы? Албетте бар. Бирок алар жетишсиз. Көбү ырдалбайт. Көбү бөбөктүн тили менен жазылбай, чоң балдардын тили менен жазылып калган.

Мына ушундан улам экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен иштеп келаткан Эл аралык коомдук фонд бүтүндөй республика боюнча бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагын жарыя кылды. Сынакка бөбөктүн таттуу тилиндеги татынакай ырларды жазган акындар, ага обон чыгарган обончулар менен композиторлор, мугалимдер, балдар бакчаларынын тарбиячылары, таланттуу балдар жана ата-энелер өздөрү катыша алышарын, сынак үч этапта өтөрүн, биринчи этабы апрель айында облустарда башталып, анын жеңүүчүлөрү тандалып алынып, 15 жана 16-майда Бишкек шаарында өтө турган Чоң кароо-сынакка катышарын, ал эми майдын 28де борбор шаарда бөбктөр үчүн ырлардын чоң концерти өтөрүн, кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай жана башка баалуу сыйлыктар тапшырыларын бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити маалымдады.

Эркин журналист Садырбек Чериковдун “Чылыктар” кыргызга гана таандык эмес, же “Америкачылыктан” бир шиңгил” деген макаласы жарык көрүп, автор анысында “Азаттык” радиосунун кабарчысы Алия Суранованын көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан “Кыргызчылык” тууралуу макаласын талкууга алуу менен ага карата каяша пикирин билдирген. Журналист Чериков жалкоолук, мителик, көралбастык, беленге тап мамиле, өлкөнү талап-тоноочулук сыяктуу көрүнүштөр бир эле улутка же кыргызга гана мүнөздүү кемчиликтер эместигин, андай терс көрүнүштөр бардык элдерде барын, Кыргызстанды басса-турса үч ажыдаар – Кытай, Орусия жана АКШ байкап турганын, булардын ар кимиси үркөрдөй болгон кыргызды өз тарабына тарткысы, жерин ээлегиси, өз саясатын жүргүзгүсү келерин, ошондуктан баарын эле өз элибизге шылтай бербей тыңыраак жана сак болуу керектигин эскерткен.

“Асман пресс” гезити Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев менен интервью басты. Ал бардык чырды Воробьев уюштуруп жатканын, ал көз коллективин эбак эле баш ийдирип алганын, бирок эми министрликти баш ийдирем десе жаңыларын, Воробьев театрдын айланасына кафе, бар, эс алуу жайларын мыйзамсыз ачып, ижара акысын өзү гана ээлеп келгенин, театрдагы эл артисти январь айында 300 сом айлык алып келсе, Воробьевдин 17 жаштагы кызы Кристина Бардакова эң жогорку категориядагы айлык алып келгенин, буга чейин эле ага кылмыш иши козголгонун, ошону менен бирге эле мурдагы министр Ибрагим Жунусов 20 миң доллар талап кылган дегени карандай калп экенин, ушул жана башка иштери үчүн Воробьев сотко берилгенин айтты.

Кабарчынынын: "Воробьев Азиз Батукаевди ортого салып сиздерди коркутуптур деген чынбы?" – деген суроосуна министрдин орун басары Кудайберген Базарбаев: "Туура. Воробьев мага телефон чалып, бардык маселени Батукаев менен чечесиңер деген. Бирок менен Батукаевден жана башкалардан эмес, Кудайдан гана корком. Воробьев абдан караңгы, шумахер, системаны түшүнбөгөн киши. Ушул убакка чейин бир да жолу өкмөткө барып отчет бербептир", - деп жооп берди.

“Параграф” гезити бул санын “Кадыры качкан “кадрлар” же чоң “реформатор” Шамил Атахановдун өнөрлөрү” деген баштема менен ачты.

Азизбек Келдибековдун макаласы “Атамбаевдин заманы эмне жыттанып туру?” деген ат менен тартууланып, автор Чыңгызхан, Сталин, андан берки эл башында тургандардын бийликте турган кезде атаандаштарын кантип тазалаганын кеп кылып келип: Атамбаев башкы атаандаштары Ташиев, Жапаров, Мамытовду шылтоо менен “абийир туткундарына” айлантканын, эгер соттор ошончо калыс болсо 2005-жылдын 24-мартында мамлекеттик бийликти басып алууну уюштургандан баштап ишти козгошу керектигин, ансыз адилеттүү бийликти орнотуп жатабыз деп төш кагуу туура эмес болорун жазып чыкты.

Ушул эле гезиттеги Кадырбек Керимбаевдин макаласы “Шаардагы эл жумушсуз, айылдагы эл малай” деп аталды.

Кыргыз авиациясы канат байлагансыйт

Жаз сайын кабатыр болгон кыргызстандыктар үчүн быйылкы жаз мезгили жаңылануу жана жаңы үмүттөр мезгили болчудай. Анысы сыңары, 1-марттан тарта өлкөнүн жарандык авиация тармагында жаңы жөрөлгөлөр күтүлүүдө.

Ички каттамдарга жол киренин арзандашы, өлкөдөгү майда аба майдандардын учуу-конуу тилкелеринин оңдолушу жана жаңы каттамдардын ачылышы белгиленген.

Учактарды күйүүчү май менен камсыздоочу ишканалар бир тонна күйүүчү майдын баасын 150 долларга арзандатуу сунушун кабыл алды. Ошонун негизинде Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга жана Исфанага 1-марттан тарта учактын жол киреси 300 сомго, ал эми Ошко билеттин баасы 500 сомго арзандайт. Бул маалыматты 18-февралда жергиликтүү авиакомпаниялардын башчыларынын билдирүүлөрүнө таянып, Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Ошондой эле студенттер үчүн “Скай Бишкек” авиакомпаниясы тарабынан кышкы жана жайкы эс алуу убактарында ички каттамдарга жол кире 300 сомго арзан сатылаарын аталган мекеменин жетекчиси Жумабек Абдылдаев 20-февралда “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Андан тышкары кыргызстандык жарандык авиация адистеринен турган жумушчу топ 15–17-февралда Баткен, Жалал-Абад жана Ош дубандарындагы аба майдандарына жасаган иш сапарынан соң, оңдоо иштерине 286 миллион сом каражат бөлүүнү сунуштады. Учуу-конуу тилкелерин оңдоого Баткен аба майданына 124 миллион сом жана Жалал-Абад менен Исфанадагы аба майдандарына 81 миллион сомдон ажыратылат.

“«Жарандык авиацияны 2020-жылга чейин өнүктүрүү» стратегиясынын алкагында Кыргызстандын башка аймактарындагы аба майдандары 2020-жылга чейин оңдолот”, деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин башчысынын орун басары Мураталы Токтобеков “K-News” маалымат агенттигине 19-февралда курган маегинде.

Сары-Челекке учак менен

Жалал-Абад дубанынын Аксы ооданындагы Кербен шаарчасына 1-марттан баштап аба каттамдар аткарыла баштайт. Транспорт жана байланыш министрлиги билдиргендей, Кербенден жумасына бир ирет Бишкекке жана Жалал-Абадга кыргызстандык “Скай Бишкек” авиакомпаниясынын швециялык Сааб–340А үлгүсүндөгү 33 жүргүнчүлүк учак каттай баштайт. Бишкек – Кербен – Жалал-Абад – Кербен – Бишкек аба каттамына билеттер сатыкка коюла элек.

Мурдагы Караван шаарчасына акыркы аба каттам 2008-жылы “Кыргызстан” мамлекеттик авиакомпаниясынын АН–24 учактары менен өлкөнүн жетекчилигинин сунушунун негизинде аткарылган. Билеттин баасы 1000 сом болчу. Кербендеги 1982-жылы курулган аба майдан 250 миң калкы бар Аксы, Ала-Бука жана Чаткал оодандарын тейлейт. Сары-Челек көлүнөн бир саат алыстыкта жайгашкан аба майдандан Кеңештер доорунда Бишкекке ЯК–40, ал эми Каныш-Кыяга, Жалал-Абадга жана Ошко АН–2 учактары каттачу. Кербен аба майданы деңиз деңгээлинен 1280 метр бийиктикте жайгашкан жана узундугу 1740 метр болгон учуу-конуу тилкесине ээ.

Дубандагы 22 миң калкы бар Тогуз-Торо ооданындагы Казарман аба майданы 2008-жылдан бери иштебей турат. Бишкек – Казарман аба каттамдарына жол кире 2008-жылы 1548 сом болчу.

Жалал-Абад – мини-хаб эле

Жыйынтыгында, “Скай Бишкектин” борбордон Жалал-Абадга аба каттамдары жумасына үчтөн төрткө көбөйөт. Андан тышкары Кербенге аба каттам ачылат. Учурда Жалал-Абадга “Скай Бишкектен” тышкары, “Кыргызстан”, “Авиа Трафик” жана “Эйр Бишкек” авиакомпаниялары учат.


Советтер доорунда, жада калса, 1990-жылдары Оштогу эл аралык аба майданынан көбүнчө мурдагы СССРдин башка республикаларына көп аба каттамдары болгондуктан, Жалал-Абаддын аба майданы аймактагы мини-хаб болчу. Башкача айтканда, ички каттамдардын көбү дал Жалал-Абаддан дубандын алыскы оодандарына жана Кыргызстандын ар тарабына уччу. Албетте Оштон дагы ички каттамдар аткарылчу. Алардын эң татаалы Ош – Дароот-Коргон каттамы болчу. Чоң-Алайга 20 мүнөт ичинде ЯК–40 менен алгачкы ирет кыргызстандык учкуч Фиат Дамин жол салган.

Убагында Жалал-Абаддан дубандагы Казарман, Токтогул, Каныш-Кыя жана Кербен айылдарына, коңшулаш Ошко, Кыргызстандын башка аймактарындагы Талас, Нарын, Каракол, Чолпон-Ата шаарларына жана Тамга кыштагына түз каттамдар аткарылчу. Бишкекке 1990-жылдарга чейин күнүнө 12 каттам аткарылчу.

Жалал-Абад эмес, жада калса, Сузак ооданындагы кичинекей Кашка-Терек айылындагы айыл чарбалык учуу-конуу тилкесинен ак пахта талааларга алтын күкүрт чачкан "Кукурузник" учагы менен учкучка үч же беш рубль “чай пул” төлөп, Ошко чайканага учкан кездер жок эмес эле.

Жалал-Абаддан Токтогулга, Каныш-Кыяга жана Тамгага аба каттамдар 1990-жылдардын башында жоюлган. Ош 1993-жылы, Кербен 1994-жылы, Талас 1995-жылы, Нарын 1996-жылы, Казарман 1997-жылы, Каракол 1998-жылы жана Чолпон-Ата аба каттамдары 1999-жылы токтотулган. Учурда болгону Бишкек аба каттамы бар жана 1-марттан тарта Кербен аба каттамы ишке киришет.

Жалал-Абад шаарына такай аба каттамдар 1940-жылдары башталган жана аба майдан деңиз деңгээлинен 790 метр бийиктикте жайгашкан. Жалал-Абад аба майданынын азыркы учуу-конуу тилкеси жана имараты 1975-жылы курулган. Аба майдандын учуу-конуу тилкеси салмагы 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алат. Учуу-конуу тилкесинин узундугу 1740 метр. Аба майдан күндүзгү убакытта гана иштейт жана “3С” даражасындагы жергиликтүү аба майдан болуп саналат.

Түндүк–түштүк “оорусу” жок кезде

Мурдагы президент Роза Отунбаева 2010-жылдын 1-сентябрында Нарындагы белгилүү советтик учкуч Валерий Чкаловдун наамын алып жүргөн мектептеги “Биринчи коңгуроо” аземинде сүйлөгөн сөзүндө аймактар аралык катташты жана ички туризмди өнүктүрүү зарылчылыгын айтып өткөн эле. Ошонун алкагында борбордон гана эмес, аймактардан аймактарга аба каттамдары ачылса, балким, ички жикчилдикти жок кылууга себепкер болоор. Балким, аймак аралык маалымат алмашуу процессин жөнгө салганга салым кошоор. Себеби Кыргызстанда, чындыгында, аймак аралык маалымат таңкыстыгы бар.

Ош аэропортунан учуп-конгон каттамдар
Ош аэропортунан учуп-конгон каттамдар

Түндүк–түштүк “оорусу” Советтер Союзу маалында анчалык эмес эле, же жеке мага ошондой сезилчү беле. Менин ата-энем 1970-жылдардын аягында 1980-жылдардын башында студент болуп Бишкекте жолугуп, бири-бирин сүйүп, туугандарынын каршылыгына карабай баш кошушкан. Атам Көк-Арт өрөөнүнөн, апам Теңир-Тоодон. Экөөнүн тең туугандары “кудалар менен катташкан кыйынчылык туудурат, жол алыс” деген себептерди келтирген. Бирок ал маселе анда азыркыдай курч эмес эле. Жалал-Абаддан Нарынга түз жана Тогуз-Торо аркылуу учак каттамдары бар эле. СССР доорунда билет алты рублдан 14 рублга чейин болчу. Жалал-Абаддан Нарынга 1996-жылы учак билети 150 сом болчу, ЯК–40 бир саатта учуп-кончу.

Айтаарым, ата-энемдин туугандары “болоор иш болду, бактылуу болгула” деп, учак менен кудаларына конокко барып, ата-энеме батасын берген. Жыл сайын апамдын туугандары “Кукурузник”, АН–28 же ЯК–40 менен Жалал-Абаддын курортуна, Арсланбапка, Кара-Алмага, Сары-Челекке жана Ошко келип эс алып кетишчү. Атамдын туугандары болсо, Нарынга учуп Таш-Рабатка, Соң-Көл менен Чатыр-Көлгө, Солтон-Сары жана Терс-Суу жайлоолоруна барып эс алып кетишчү. Ошондо туугандарым “силер баш кошпогондо Кыргызстандын сонун жерлерин көрмөк эмеспиз. Бири-бирибиз жөнүндө көп нерсени үйрөндүк” деп айтышчу.

Он адамдык “Кукурузник” менен 6000–7000 метр бийик аска-зоолорун аралап, болгону 4000–4200 метр бийиктике учуу жана Долон же Сары-Кыр ашууларын ашып учуунун өзү мен үчүн чоң майрам болчу. Учак конгуча башка жүргүнчүлөрдүн кыжырына тийип “Облака – белогривые лошадки” деп жыргап ырдачумун.

Кыргызстан – аба каттамдардын өлкөсү болчу

Союз маалында Кыргызстанда 86 аба майданы, учуу-конуу тилкелери, майда аэродромдор, айыл чарба жана спорттук тилкелер, аскерий аба майдандары жана тик учак конуучу аянтчалар бар эле. Алардын ичинен саналуулары гана калды. Бүгүнкү күндө, Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 17 авиакомпания жана 35 учууга жарамдуу учактар катталган. Аталган агенттиктин тизмесинде 11 аба майдан бар: төрт эл аралык (“Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл” жана “Каракол”), калгандары аймактык аба майдандар.

Кыргызстандын аэропорттору
Кыргызстандын аэропорттору

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аба майдан пайда болушу мүмкүн. “Ага Хан” өнүктүрүү кору Нарындын чыгышындагы Салкын-Төр айылындагы аба майданды оңдоорун 2012-жылдын апрелинде билдирген эле. Оңдоо иштеринин алкагында, 1964-жылы курулган имаратты жаңыртуу, 2145 метрлик учуу-конуу тилкесин узартуу жана жаңы аэронавигациялык жабдууларды орнотуу иштери каралган.

Андан тышкары Жалал-Абад дубанынын Чаткал ооданындагы Каныш-Кыя аба майданын кайра ишке киргизүү сунушун 2012-жылдын октябрында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айткан эле. Ошондой эле, кээ бир авиакомпаниялар Казарман жана Талас аба майдандарына аба каттамдарды жандандыруу максаттарын айтышкан.

Былтыр 12-апрелде негизделген “Скай Бишкек” авиакомпаниясы жайында Кыргызстандын түштүк аймактарынан Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аба майданына түз аба каттамдарын ачууну көздөп жатат. Аталган авиакомпания алгачкы каттамды өткөн жылдын 1-декабрында Баткенге аткарган. Бишкектин “Манас” эл аралык аба майданынан Баткенге, Жалал-Абадга, Исфанага жана Ошко түз аба каттамдарды аткарат. Кербен шаарчасына 1-марттан тарта уча баштайт. Учурда, “Скай Бишкек” 1989-жылкы бир гана швециялык Сааб–340А үлгүсүндөгү 33 жүргүнчүлүк учакка ээ.

“Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы 6-февралда билдиргендей, былтыр ички каттамдар менен ташылган жүргүнчүлөрдүн саны 8% өсүп, жарым миллионго жакын (479 681) адамды түздү.

Иши кылса, Кыргызстандын ички аба каттамдары оңолуп бараткансыйт. Эми аба каттамдарынын коопсуздугу жана учактардын техникалык базасы да жакшырат деген үмүт бар.

Бакыт Азимканов, Лондон шаары

Чубак ажы ажылык боюнча айыпталууда

Чубак ажы Жалилов.

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун 27-февралга белгиленген соту башталбай жатып белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Буга анын жактоочуларынын ишти карап жаткан судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу арызы негиз болду. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын мурунку жетекчиси ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталууда. Экс-муфтий мындай дооматка макул эмес.

Сотто Чубак ажы Жалиловдун адвокаттары кылмыш ишти козгоо негизсиз болгонун, тергөө талапка жооп бербесин айтып, процессти токтотуу тууралуу өтүнүч келтирди.

Судья Чыңгыз Адамкулов бул арызды канааттандырган жок. Мындай кийин судьянын өзүнө ишенбөөчүлүк жарыяланды. Доо арыз жогорку инстанцияга жөнөтүлүп, сот белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Чубак ажы Жалилов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып өзүнө коюлган дооматтарды четке какты:

Чубак ажы сот залында, Бишкек, 27-февраль.
Чубак ажы сот залында, Бишкек, 27-февраль.
- Муфтияттын ажылыктан жана башка жактан түшкөн кирешелери бар. Ошондон туумдары менен 8 миллион сом төлөгөн эмессиңер деп айыптап жатышат. Биз муну туура эмес деп ойлойбуз. Анткени бул акчадан эч кандай салык төлөнбөйт. Зекет дагы берилбейт. Бул 20 жылдан бери төлөнгөн эмес, мындай кийин да төлөнбөшү керек. Биз Кудайдын шариятын аткарганга аракет кылдык. Эгер мени азыр соттой турган болсо, анда Кудай Тааланы да, пайгамбарды да соттошу керек болот. Себеби мен өлкөнүн муфтийи катары Курандагы, пайгамбардын осуятындагы шариятты бузбастан аткарууга аракет кылдым.

Эгер мени соттой турган болсо, анда Кудай Тааланы да, пайгамбарды да соттошу керек болот...
Чубак ажы Жалилов
Бул кылмыш иштин алкагында Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын эсебиндеги 500 миңдей доллар камакка алынган. Муфтияттын юристи Даниэл Жаркеев ажылыкты уюштуруу иштеринен түшкөн кирешеден салык төлөөгө милдеттендирүүнү мыйзамсыз деп эсептейт:

- Үч салык төлөнгөн эмес деп доо коюулуп жатпайбы. Бул салыктар экономикалык кызматтан алына турган салыктар. Ажылыкты уюштуруу деген бул диний ишмердүүлүк. Муфтият ажылыкты уюштурду. Ажыга барып келген адамдардан биз акча сураганга укугубуз жок.

Ажылык иши боюнча сотко келгендер, Бишкек, 27-февраль.
Ажылык иши боюнча сотко келгендер, Бишкек, 27-февраль.
Негизи муфтият киреше-чыгашасын ажылыкты уюштуруудан түшкөн каражат менен жабат. Былтыр Мекеге зыяратты атайын түзүлгөн Ажылык жана умра борбору уюштурган болчу.

Талдоочу Самаган Мырзаибраимов бул талаш-тартыш маселеге сот чекит коюшу керек деген пикирде:

- Муну саясатташтырбай эле сотко бериш керек. Сот иликтеп, жыйынтыгын чыгарганы жакшы. Ошондо бардык нерсе ачык болот. Саясатташып, жөндөн-жөн жалаа жаап, өкүм чыгышы мүмкүн эмес. Ошон үчүн коркпой эле соттошуу керек. Кийин да ызы-чуу, саясий оюндар болбойт.

Муфтият кирешесинин салыгына байланыштуу кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылы октябрь айында козгогон. Бул факт боюнча азыркы муфтий Рахматулла Эгембердиевге да айып тагылган болчу.

Чубак ажы Жалилов өткөн жылы жайында муфтийликтен өз эрки менен кеткен. Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу мурдагы жылы да чуулуу окуялар менен коштолгон.

Балкарлардын улуттук даамы

Балкарлардын улуттук даамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Бишкекте өзбекстандык качкын жоголду

Анжиян окуясынан кийин Кыргызстандын аймагына качып өткөн өзбек качкындары. Кыргыз-өзбек чегиндеги Бараш айылы, 19-май, 2005.

Бишкекте өзбекстандын качкын Шухрат Мусин дайынсыз жоголду. Ал 2005-жылдагы Өзбекстандагы Анжиян окуяларына байланыштуу куугунтукка кабылып, 2008-жылдан бери Бишкекте качкын катары жашап жүргөн.

Мусиндин жакындары аны Кыргызстандын күч органдары кармап же коңшу өлкөнүн атайын кызматтары чыгарып кетиши мүмкүн экенин айтышууда.

Өзбекстандык качкын Шухрат Мусиндин Бишкекте дайынсыз жоголгонун анын жубайы Барно Гайбердиева ачыккка чыгарды. Анын айтымында, 2008-жылдан бери Бишкекте жашап жүргөн Шухрат Мусин 18-февралда үйүнөн чыккан бойдон белгисиз:

- 18-февраль күнү эртең менен жумушка чыгып кеткен. Кетээр алдында бирөө телефон чалыптыр. Ошондон бери дайыны жок. Мен ал күндөрү Жалал-Абаддагы ата-энемдикинде болчумун. Ошол күнү эртең менен телефон чалып, Бишкекке чыкканы жатам десем, “келе бер, тосуп алам” деген. Андан кийин эле телефону өчүп калды. Батирде чогуу жашаган бала бар эле, ага деле эч нерсе айтпаптыр.

Барно Гайбердиева күйөөсү жоголгону тууралуу 19-февралда качкындардын укугун коргоо жаатында иш алпарган “Адилет” укуктук клиникасына кайрылат. Ал клиниканын адистери дароо Бишкектин Свердлов РИИБисине арыз жазышып, издөө жарыяланган.

Учурда бул ишти көзөмөлдөп жаткан “Адилет” укуктук клиникасынын юристи Тимур Султановдун айтымында, Мусиндин дайыны алигиче беймаалым:

- Биз эртеси күнү анын жубайы менен биргеликте бардык укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Алар азырынча эч маалымат жок экенин айтышууда. Бул боюнча опер кызматкерлер иликтеп жатышат. Биз алар менен тыгыз маалымат алмашып иштеп жатабыз. Бирок дайын-дареги дагы деле белгисиз.

Султановдун айтымында, 29 жаштагы Шухрат Мусин Өзбекстандын Анжиян облусунан болот. Ал 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин өз өлкөсүнүн күч органдарынын куугунтугуна кабылып, 2008-жылы Кыргызстанга качып келген. Мусинге мекенинде Өзбекстан ислам кыймылы деп аталган тыюу салынган экстремисттик уюмдун мүчөсү деген айып тагылган. Андан соң Шухрат Мусин кыргыз бийлигине жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарына кайрылып, 2009-жылы ага качкын макамы берилген.

Бул комиссарлыктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хуршод Юнусовдун айтымында, азыр Мусинди башка өлкөгө чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткан:

- Биздин уюм Мусинди 2009-жылы качкын деп таанып, атайын макам бергенбиз. Бирок кыргыз бийлиги ага мындай макам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам Мусин Кыргызстандын аймагында жашоого укугу болгону менен качкындарга берилген толук укуктар таанылган эмес. Ошондуктан аны экинчи бир өлкөгө качкын катары баш паанек таап берүүгө аракет кылып жатканбыз. Бирок андан жыйынтык чыга элек болчу.

Юнусов билдиргендей, Анжиян окуясынан соң куугунтукка кабылган Шухрат Мусиндин атасы алгач Кыргызстанга келип, качкын макамына ээ болгондон кийин АКШдан баш паанек алган.

Мусиндин жакындары аны Кыргызстандын күч органдары же коңшу өлкөнүн атайын кызматтары чыгарып кетиши мүмкүн деп айтышууда. Себеби буга чейин Өзбекстандын атайын кызматтары 2010-жылы аны өткөрүп берүү өтүнүчүн Кыргызстанга жөнөткөн. Мындан соң Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Мусинди камакка алып, тергөө абагында 5 ай отуруп чыккан экен. Кийинчерээк укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен Башкы прокуратура Өзбекстандын эстрадициялоо өтүнүчүн четке кагып, Мусинди камактан бошоткон.

Бирок андан кийин деле жергиликтүү күч органдары аны утур-утур кысмакка алып келгенин жубайы Барно Гайбердиева мындайча айтып берди:

- Мен анын каякка кеткенин билбей турам. Бирок УКМК камакка алдыбы деп эле ойлоп жатам. Себеби буга чейин күйөөм 5 ай камалган. Андан соң да үйдү тинтишип, 30 миң сом берип араң кутулганбыз.

Анткен менен УКМК мындай дооматтарды четке кагууда. Аталган комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Жоодар Исакунов буларды айтат:

- Ал киши бизде кармалып чыккан соң эч кандай басым-кысым болгон эмес. Кармалып чыккандан кийин кайда экенин да билбейбиз. Учурда бизде камакта эмес. Издөө иштерин болсо ИИМ көзөмөлдөп жатат.

Ал ортодо Мусиндин дайынсыз жоголушуна байланыштуу эл аралык Human Rights Watch уюму баш болгон бир катар укук коргоо уюмдары тынчсыздануусун билдирди. Алар учурда Өзбекстандын жараны Хабибулло Сулаймановду өз өлкөсүнө өткөрүп берүү аракеттери болуп жатканын, бул Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерине каршы келээрин эске салышты.

Балкар улуттук кийими

Балкар улуттук кийими
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Конституциялык палатага талапкерлер өтпөй калды

27-февралда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына төрт талапкерди шайлабай койду.

Президент тарабынан киргизилген бир да талапкер жетиштүү добуш албай калды. Эми Сотторду тандоо кеңеши кайрадан сынак жарыялоого тийиш.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Конституциялык Сот жоюлган. Анын ордуна Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата киргизилген. Бул палатанын курамы 11 судьядан турат. Өткөн жылы беш судья шайланган.

Сотторду тандоо кеңеши калган алты талапкерди сынак жолу менен тандап, президенттин кароосуна жиберген. Өз кезегинде президент алты талапкердин экөөн четке кагып, төртөөн парламентке жөнөткөн.

Алар: Куанбек Кыргызбаев, Максуда Оморова, Токтосун Сүйөркулов жана Абибила Тажибаев.

27-февралда Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына сунушталган төрт талапкерге жашыруун добуш берди. Шайлоонун жыйынтыгында бир да талапкер жетиштүү добуш алган жок.

Шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Султанов анын жыйынтыгын мындайча жарыялады:

- Чечилди: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына Кыргызбаев, Оморова, Сүйөркулов, Тажибаев шайланган жок.

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү Курманбек Осмонов комитеттерде бардык талапкерлер колдоо таап, анан парламентте шайланбай калышы түшүнүксүз болуп калды дейт. Ал ошондой эле Конституциялык палатанын айланасында саясий оюндар бар экенин билдирди:

- Саясий оюндар бар. Конституциялык палатанын азыр иштеп кетиши кээ бир саясатчылар үчүн ыңгайсыз болуп жатат окшойт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев Конституциялык палатага судьялардын шайланбай калышын, талапкерлерге депутаттардын канааттанбашы менен байланыштырды.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Азиза Абдирасулова Конституциялык палатанын судьяларынын дээрлик үч жылдан бери шайланбай жатышын сынга алды:

- Саясат кылып, Конституциялык Сотту жок кылгандын өзү туура эмес болуп калды. Конституциялык Сот деген институт иштеп туруш керек болчу. Азыр эми Конституциялык палата деп, Жогорку Соттун көзөмөлүнө коюп койгондун өзү Конституциялык Сот жеткиликтүү деңгээлде көз карандысыз болот дегенди жоготту. Ошого карабастан адам укугунун бузулушу боюнча кайрыла турган бирден-бир орган болуп жатат. Бүгүнкү күндө Конституцияга каршы келген мыйзамдар, нормативдик-укуктук актылар толтура. Алар боюнча кайрыла турганыбыз эле Конституциялык палата. Бирок ошонун түзүлүшү аябай созулуп кетти.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевдин билдирүүсүнө караганда, эми кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына кайрадан конкурс жарыяланат. Тандалган талапкерлер президентке жөнөтүлөт. Президент карап көрүп, парламентке жолдойт. Бул процедураларды аткаруу бир нече айга созулат.

Конституциялык палатанын судьялыгына өткөн жылы шайланган Эркин Мамыровдун айтымында, судьялары толук шайланмайын Конституциялык палата ишке кире албайт. Анткени Конституциялык палатанын курамы толук шайлангандан кийин ал өзүнүн төрагасын, төрага орун басарларын шайлайт. Конституциялык палатынын төрагасы андан кийин берилген арыздарды бөлүштүрөт.

Ошондуктан Конституциялык палата жакын арада ишке кирбейт.

Мунжу жашоо

“Мекен инфо” гезити апрель окуясында эки бутунан ажыраган Алмаз Акчекеев менен аңгемелешти.

“Мекен инфо” деген жаңы гезиттин экинчи саны жарыкка чыкты. 2010-жылдагы революция учурунда борбордук аянттагы тополоңдо майып болуп, эки буту кесилген милийса кызматкери Алмаз Акчекеев менен гезит кабарчысы Жоро Сулайманов маек курган.

Апрель окуясы анын сопсоо турган эки бутун алып кеткенин, ага революциядан калган эстелик ушул болгонун, буттарын Фучиктеги ооруканадан кесишкенин, кийин Орусиянын Ички иштер министрлигинин каражаты менен протез жасалганын, ошол кыйын кездери дагестандык полковник Мурадис Алигидров телефон чалып, ал-абалын сурап кайрат айтканын, көрсө ал да эки бутунан ажырап, бирок милицияда иштеп жүргөнүн айтып, жашоого көз карашын өзгөрткөнүн, ошондо гана “буту жок деле жашаса болот турбайбы” деген ой башына келгенин баяндады.

Алмаз Акчекеев андан аркы сөзүндө убагында күпүлдөгөн убадалар көп болгонун, азыр алардын бири да жоктугун, өткөндө бир тааныш жигит: “Сен үйлүү болуп, машиналуу болуп жыргадың го” дегенине “эгер эки бутуңду мага берсең ошолордун баарын, анан үстүнө дагы акча кошуп берет элем” десем сөз табалбай кайсалактап калды” деп айтты.

Акырында ал 7-апрелде аны эстеп койгон жан болбогонун, колунда, төшүндө, эрдинде осколканын калдыктары дале жүргөнүн, бирок алар бир орунда турбай улам жылышып тургандыктан доктурлар алганга болбой жатышканын, революциянын жыргалын эл эмес, бийликтегилер эле көрөрүн, революция болсо азабын милийсалар менен карапайым эл гана тартарын, ошондуктан эч кандай төңкөрүш дегендин кереги жоктугун, бүгүн революцияны оюнчук көрүп аткандар буту-колунан ажырап, өзүндөй мунжу болуп калганда гана баштарын койгулашарын айта кеткиси келгенин, ошондуктан тынч заманда жашоо үчүн күрөшүү керектигин кеп кылды.

Алмаз Акечекеевдин бул маегин бүгүн жарык көргөн “Мекен инфо” гезитинен окусаңыздар болот.

“Көк асаба” гезити аркылуу Фейсбук социалдык түйүнүнүн курамында 500дөн ашуун мүчөсү бар “Кыргыз көчү” тобу, анын негиздөөчүсү Асыран Айдаралиев жана башка мекенчил жарандар “Кыргыздын уюткусу – кыргыз тили” деген кайрылуу катты элге жана эл башкаргандарга жолдоду. Кайрылгандар депутат Урмат Аманбаеванын кыргыз тилине байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толкутоолорду киргизүү демилгесин колдоого алууда.

Аксылык мугалим Төлөгөн Абасов конкурска жөнөткөн катында ажылык тууралуу сөз кылып, ажылыкка барчу киши шариятта деле адегенде жашаган жерине, жакыр үй-бүлөгө жардам берип, жакын туугандарынын жашоосуна кам көрүп, алардын жашоо-турмушун оңдоп туруп анан ажылыкка барышы керектиги айтыларын, ажылыкка акчасы бар байлар арбын барарын, андыктан кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш, Дин башкармалыгы кеңешип, жол курууга, көпүрө салууга, бала бакчага, саламаттыкты сактоого, мектептерге, жакыр үй-бүлөлөргө, тоголок жетимдерге, майыптарга, таза суу чыгарууга жардамдарын берип туруп анан барышса, өкмөт ушундай сооп иш кылган адамдарга гана ажылыкка барганга күбөлүк берсе, элге пайдасы аябай тиймегин жазды. Төлөгөн Абасов эгер ушундай шарттар болсо делөөрүп “ажы болсом, арабдарга жардам берсем” деп сакалды сапсайта коюп, теспени чоюп, сагызган чапан же жырык чапан кийип жүргөндөр да ажы болгусу келсе ушундай иштерге акча төгөт эле” деген ойдо.

“Алиби” гезити жаңы санын “Алышты дүйнө тааныды, буйруса көкбөрү, салбурунду да дүйнө тааныйт” деген баштема менен ачты. Ушундай эле ат менен Улуттук оюндар борборунун деректиринин орун басары Касымкул Оболбековдун интервьюсу жарык көрдү.

Буга улай эле Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын четиндеги мүрзөлөрдүн арасында жашап келаткан Тахиржан Чуруков деген адамдан Жумагүл Барктабасова интервью алган.

Шаар ичи ызы-чуу болсо мүрзөлөрдүн арасы тынч экенин, түнкүсүн уйку жакшы болорун, алтургай шаардан бала-чакалары да бул жакка качып турарын, мүрзөдөн коркуунун кереги жоктугун, бул жерде өлгөндөр жатарын, демек өлгөн кишилерден эмес, тирүү кишилерден коркушубуз керектигин, себеби таш боордук менен жаман иштердин баарын өлгөндөр эмес, тирүүлөр жасап жатканын, ошондуктан “эй, кыргыздар, мүрзөгө тез-тез барып тургула, ошондо дүйнөдө өлүм деген бар экенин ойлоп, ыйманыңарга келип турар элеңер” деп кайрыларын айтты.

Муратбеков: Нарында ири ишканалар ачылат

Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков жазгы талаа иштерине даярдык, жеңилдетилген насыя тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Башка региондорго караганда Нарында жазгы талаа иштери кечирээк башталат эмеспи. Даярдык кандай? Мисалы, күйүүчү май, үрөн жетиштүүбү?

Муратбеков: Жазгы талаа жумуштары бизде апрелдин 10-15теринде башталып калат. Биз быйыл 2 миң гектар жерге чөп, 29 миң гектарга дан эгиндерин айдайлы деп пландаштырып жатабыз. Күйүүчү май боюнча азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. “Газпромдун” май куюучу жайлары Кочкор, Нарын жана Ата-Башы райондорунда бар. Майды алар ошол жактан алат. Ал эми Ак-Талаа менен Жумгал болсо күйүүчү майды Балыкчы шаарынан ташып алат. Азыркы сатылып аткан баадан 50 тыйынга арзаныраак болот деп сүйлөшүп жатабыз.

Бизге 1800 тонна үрөн керек. Анын 500 тоннасын өкмөттөн сурап атабыз. Арзаныраак болсо сатып алалы деп турабыз. Азыр техникаларды камдап-чомдоп атабыз, 50-60 пайызы дайын болду. Бизде дагы убакыт бар.

Былтыр жазында кургакчылык болуп, түшүм жакшы алалган жокпуз. Быйыл да кар аз жаады. Бирок ага карабастан болгон аракетибизди жасап жатабыз.

“Азаттык”: Жеңилдетилген насыя берүү башталдыбы?

Муратбеков: Насыя берүү башталды. Азыркы күндө 5 банктан алып жатабыз. Быйыл өзгөчөрөөк болуп жатат. Буга чейин малчылыкка, дыйканчылыкка берилсе, азыр айыл чарба өнүмүн кайра иштетүү, малды бордоп сатуу менен алектенген ишкерлерге да берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эмитен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле ишкерлердеги убараны азайтуу үчүн документтерди бир жерден ала тургандай кылып “бирдиктүү терезени” уюштуруп берип жатабыз.

Быйыл насыя биздин облуска абдан кенен берилип жатат: 300 миллион сомдун тегерегинде алып жатабыз. Былтыр биз 7 пайыз менен 70 миллион сом алганбыз.

Быйыл биз бардык жерде техникалык сервистерди, башкача айтканда, МТСтерди уюштура баштадык. Элдин колундагы техниканын баарын ортого топтоп иш алып баралы деп жатабыз. Мисалы, бирөөнүн менчик техинкасы болсо, ал өзүнүкүн, же каалаганыкын айдайт да, мүмкүнчүлүгү келбесе башкаларга жардам бербей койот. Андан сырткары өкмөттүн программасы менен 1,5 миңдей айыл чарба техникасы келет деп жатат. Лизинг боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Азаттык”: Жеңилдетилген насыяга байланыштуу былтыр нааразычылык айтылды эле. Текши берилген жок дегендей доомат болгон.

Муратбеков: Азыр көп адам чакан насыя берген компаниялардын кредит алып алган. Былтыр, мисалы, биз бир кичинекей айылды эле сураштырсак, анда 17 үй-бүлө эле мындай компаниялардан насыя алган эместиги аныкталды. Анан ал 17 адамдын өкмөттөн насыя алууну каалаганы да, каалабаганы да болду. Ошондуктан жанагы нааразы болгондор жеке компаниялардан насыя алгандар, ошондой эле өкмөттөн да алабыз дегендер. Биз аларга үстөккө-босток насыя берүүгө жол бербей жатабыз. Себеби бир ирээтке келтирбесек болбойт.

Анан жеңилдетилген насыя тааныш-билишке, тууган-уругуна берилет деген бул болбогон сөз. Биз быйыл да башка жерде насыя алсаң, өкмөттүкүн ала албайсың деп айтып жатабыз. Анткени арзан кредит алып, мурункуларын жаба койобуз деп ойлоп жатат. Берилген каражат натыйжалуу болушу үчүн биз өзгөчө көзөмөлгө алалы деп жатабыз.

“Азаттык”: Быйылкы насыялар айыл чарба өнүмүн кайра иштеткен ишкерлерге берилет деп айттыңыз. Сиздердин божомолуңуздар боюнча, мындан улам канча ишкана ачылышы мүмкүн? Мисалы, мал киндиктүү Нарын үчүн этти, сүттү кайра иштеткен ишканалар жокко эсе.

Муратбеков: Сиз туура айтасыз. Бизде быйыл 35 жаңы айыл өкмөтү шайланды. Жакында эле мен алар менен таанышуу ирээтинде жолугуп, ар бир айылда ишканалар ачылсын деген милдеттемелерди койдум. Биз мыкты айылды аныктоо боюнча атайын сынак да уюштурдук, баалуу белектерди койдук. Биз ушундай ыкма менен жумушсуздукту азайталы деп жатабыз. Мисалы, былтыр мурдагы жылга караганда, 1,5 миң киши жумуш менен камсыз болду.

Ал эми этти, сүттү кайра иштетүү боюнча өкмөттө да программа даярдалып жатат. Жакында эле вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев Кытайга барып келди. Жакын арада,11-мартта биз да жыйырма чакты фермер менен Кытайга барганы жатабыз. Ал жактан биз да ушул жаатта жолугушуу, сүйлөшүү өткөрөбүз. Быйыл жок дегенде 1-2 ири ишкана ачканга мүмкүнчүлүк бар. Биз аракет жасап жатабыз.

“Азаттык”: Кытайдан башка дагы кайсы мамлекеттин ишкерлери Нарынга инвестиция салууга кызыгып жатат?

Муратбеков: Өзгөчө Түркия менен Казакстандын кызыгуусу чоң. Эгер жакында биз Бажы биримдигине кирип калсак, эт-сүттү экспорттоого жакшы шарттар түзүлөт.

Андан сыртка биз мамлекеттик ветеринардык кызматты күчөтүү боюнча өкмөткө сунуш кылып жатабыз. Жылдан жылга эле мамлекеттик ветеринарлар кыскарып, жеке менчик кызмат көрсөтүүгө өтүп жатабыз. Эгерде мал ылаңы жайылып кетсе, жеке мал доктурлар жооп бербей жатат. Азыр, Кудайга шүгүр, мал көбөйүп жатат, бирок ветеринардык кызмат аксап жатат.

Элетте спорт көйгөйү курч

Элетте спорт көйгөйү курч
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG