Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 28-январь, 2020 Бишкек убактысы 20:13

Кыргызстан

Апта: Башаламандыкка айланган акциялар...

Жети-Өгүздөгү тополоң, 31-май, 2013.

Узап бараткан жумада Кумтөр боюнча келишимди токтотуу талабы Жети-Өгүз районунда кырдаалдын курчушуна алып келди.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин бошотулушуна укуктук баа берүү Башкы прокуратурага тапшырылды. Кыргыз парламенти Транзиттик борборду чыгарууну карай баштады.

Жети-Өгүздөгү тополоң

Ысык-Көлдүн Барскоон айылында 27-майда башталган Кумтөргө баруучу жолду тосуу олуттуу башаламандык, кагылышуулар менен коштолду. Митингчилер 30-майда Тамга айылына келип, Кумтөргө баруучу электр кубатын өчүрүүгө мажбурлашты. Мына ошондон кийин бийлик күч колдонууга өтүп, жүздүн тегерегинде кишини кармаган.

Бийликтин бул аракети 31-майда жаңжалдын ырбашына алып келди. Бул күнү митингчилер менен күч структураларынын ортосунда кагылышуу болуп, ондогон адамдар жабыркаганы кабарланды. Кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев 31-майда Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу жардыкка кол койду. Мамлекет башчысы ошондой эле митингдин уюштуруучуларын кескин айыптап, алар жазасын аларын билдирди.

Бийлик өкүлдөрү Жети-Өгүздөгү митингдин артында кайсы бир күчтөр турганын айтып, бирок аларды так атай элек. Шек болсо Бакиевдерден тартып, АКШга чейин жетүүдө. Алардан сырткары Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Исабеков, ал эмес “хизбуттахрирчилер” аталууда.

Митингчилер болсо алардын артында эч кандай саясий күч жоктугун айтып, негизинен үч талап коюшту: Кумтөрдү иштетүүдөн пайда болгон экологиялык оор кесепеттерди жоюу, 2009-жылкы келишимди бузуу жана кирешени адилет бөлүштүрүү.

Оппозициялык “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров митингчилердин талабын колдоорун, бирок митингди уюштурууга тиешеси жоктугун билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Жети-Өгүздөгү окуяда эки тараптан тең катачылык кетти:

Бийлик эч убакта желим окторду пайдаланбашы керек эле. Өзгөчө газ чыгарган куралдарды. Анткени айылда түшүнбөйт, желим ок колдонуп жатабы же башкабы? Же болбосо көздөн жаш агызчу газды колдонуп жатабы, же кадимки граната ыргытып жатабы? Ошолорду колдонгондо эле башаламандык башталып, милицияга чабуул коюшкан. Экинчиден, айыл жеринде баары урук-тууганга байланышкан. Бирөөнө тийди дегенче, тууганчылык маселеси көтөрүлүп чатакка алып келди.

“Ар-намыс” фракциясы да чукул сессия чакырууну жактап чыкты. Маалыматка караганда, андай сессия дүйшөмбү күнгө чакырылат. Ага чейин маселе фракцияларда, башкаруучу коалицияда талкууланды.

Айрым депутаттар Жети-Өгүздөгү окуя боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин дарегине сын айтып, ал беш күндөн бери митингчилер менен жолугушпаганын айыпташты.

Жети-Өгүздөгү жаңжалдын себеби - чечилбей жаткан Кумтөр маселеси. Өкмөт парламент бөлгөн үч айдын ичинде “Центерра голд инк” менен сүйлөшүүлөрдү аяктай алган жок. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев маселе абдан татаал болгондуктан, аны үч айда чечүү мүмкүн эместигин билдирди. Анын айтымында, “Центерранын” жетекчилиги мунасага келип, "Кумтөр оперейтинг" жана "Кумтөр голд" компаниясын кошуп, биргелешкен ишкана түзүүгө макул болуп жатат. Ал ишканын 50 пайызына Кыргызстан, калганына “Центерра” ээлик кылышы керек.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров канадалыктар жаңы структура түзүүнү сунуштаганын, ал сунушту иликтеп, билүү үчүн убакыт керектигин айтат:

- Канадалыктар азыр минтип жатышат, 2009-жылкы келишим боюнча акция сатып алгандар таза акционерлер. Алар мына ошол макулдашууну көрүп сатып алышкан. “Центерранын” юридикалык жагы абдан күчтүү экенин билишет. А бирок коммерциялык, финансылык жагы... Алар деле түшүнөт, алтын керек, өндүрүштү жүргүзүш керек. Ошондуктан алар сүйлөшүүгө баралы деп сунуштарын берип жатат. Биз аны жакшырак карашыбыз керек. Бизде ага убакыт жетпеди. Алар конкреттүү сандар эмес, башкаруу моделин сунушташты.

Шакировдун айтымында, сүйлөшүү жүрүп жаткандыктан деталдар жөнүндө так айтуу мүмкүн эмес.

Жети-Өгүз районундагы окуялар Жалал-Абадда оппозициянын активдешүүсүнө алып келди. 31-майда “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын активисттери жана Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери облустук акимчиликтен имаратына кирип барышып, элдик губернатор деп Медер Үсөновду жарыялашты. Үсөнов “Эл үнү” кыймылынын Жалал-Абад боюнча координатору экени маалым.

Жалал-Абаддагы митингчилер жетиөгүздүктөрдү колдоо менен бирге камактагы депутаттарды бошотуу талабын коюшту. Алар ошондой эле Азиз Батукаевдин бошотулушун кескин айыпташты.

Батукаевдин бошотулушуна укуктук баа берүү Башкы прокуратурага тапшырылды

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Болот Шер башында турган депутаттык комиссия корутундусун парламентке 29-майда берди. Корутундуга комиссиянын тогуз мүчөсүнүн баары кол койгон. Анда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгын бошотууда бийлик органдары ич ара сүйлөшүп алган, бошотууга тиешеси бар вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон күч структураларынын жетекчилерин, башкы прокурорду, саламаттык сактоо министрин жана акыйкатчыны кызматтан алуу талаптары коюлган.

Жогорку Кеңештин депутаттары корутундуну эки күн талкуулап, андан кийин токтом кабыл алышты. Токтом депутаттык комиссия сунуштаган корутундуга караганда бир аз жумшартылды. Маселен, токтомдо башкы прокурорду кызматтан алуу, дароо кылмыш ишин ачуу талаптары кирген эмес. Бирок да Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтери, Жаза аткаруу кызматы, Башкы прокуратура жана Мамлекеттик каттоо кызматынын ич ара сүйлөшүп албаса, Азиз Батукаевдин мынчалык ылдам бошотулушу мүмкүн эместиги белгиленди. Бул органдардын ишин начар координациялаган деп өкмөт башчыга да кине коюлду. Күч министрлерин кызматтан алуу сунушталды. Окуяга укуктук баа берүү Башкы прокуратурга тапшырылды. Бирок башкы прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевди бошотууда эч кандай мыйзамдар бузулбагынын буга чейин эле белгилеп келген. Эки күндүк талкууда да башкы прокурор бул оюн кайталады:

Менимче, материалдардын баарын тиешелүү укук коргоо органдарына жибересиңер. Бүгүнкү күндө мыйзам негизинде андай чара колдонгонго укук коргоо органдарында бир да жүйө жок.

Азиз Батукаевдин жаңжалынын саясий жагына келе турган болсок, ал башкаруучу коалициянын ичинде, андагы КСДП менен “Ата Мекендин” мамилесин татаал сыноого салды. Эки өнөктөш ачык касташууга барбаса да, катуу кармашка түштү. Бирок чектен ашып кеткен жок. “Ата Мекен” баш калкалар паанасы болгон башкаруучу коалицияны бузууга барган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, “атамекенчилер” андай кадамга практикалык көз караштан улам барбады. Анткени азыркы кезде бийлик ресурстарынан ажырап калуу пайдалуу эмес. Андан сырткары “Ата Мекендин” жетекчилигинде жоопкерчилик сезими да сабырдуулукка тартып тургандай.

Оппозициялык фракциялар Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссияга катышкан жок. Бирок корутунду каралып жатканда алардын катарындагы Жылдыз Жолдошева, Алтынбек Сулайманов бир топ активдүүлүктү көрсөттү.

Башкаруучу коалиция базаны чыгарууну кубаттады

Жогорку Кеңештин фракциялары мына ушундай жаңжалдуу жумада тышкы саясатка байланыштуу орчун маселени карашты. Башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен”, “Ар намыс” жана КСДП фракциялары "Манастан" Транзиттик борборду чыгаруу боюнча өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун 30-майда карап, бардык фракциялар колдоп берди. Оппозициялык фракциялар да мына ошондой чечим чыгарарында күмөн жок. Анткени бул фракцияларда да Орусияга ыктаган депутаттар басымдуулук кылат.

Транзиттик борборду чыгаруу боюнча долбоорду фракциялар карагандан кийин тийиштүү комитеттерде каралып, андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы. Июнь айынын ичинде бул маселе боюнча парламенттин чечими чыгары айкын болуп турат.

Базаны чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу жеңил болсо да, ал төлөп турган кирешенин ордун толтуруу жеңил болбойт.

Адистердин эсеби боюнча, Транзиттик борбор кыргыз экономикасына былтыр 200 млн. доллардын тегерегинде салым кошкон. Мурунку жылдары бул каражат андан кыйла азыраак эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, өкмөттө анын ордун толтуруучу булак жок:

- Өкмөттүн эч нерсеси жок. Биз чакырып сурайбыз, кантип толтурасыңар деп. Комитетте маселе коёбуз. Эмне менен жабасыңар, Кумтөрдө абал мындай болуп жатат деп...

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев базаны чыгаруудан бюджет ири өлчөмдө кирешеден айрыларын, ал кенемтени толтуруу үчүн үч-төрт ири кендерди ишке киргизүү керектигин билдирген. Бирок Кыргызстандагы азыркы кырдаалда кендерди иштетүү опурталдуу болуп турат.

Келдибеков: Жети-Өгүздүн элин колдойм

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Жети-Өгүздөгү окуялардын мынчалык тез тутанып кетишине эмне себеп болду жана кырдаалды курчутпай калуунун кандай чаралары бар эле?

Келдибеков: Бүгүн премьер-министрдин Жети-Өгүзгө барып, эл менен жолугушуу учурунда бардык маселеңерди чечем дегени элдин социалдык-экономикалык талаптар менен гана чыкканын айгинелеп турат. Премьер-министр ушул кырдаалга жеткирбей 4-5 күн мурун барганда, маселе тынч эле чечилмек. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү – губернаторду кызматтан алганы да туура. Анткени губернатордун премьерге туура эмес маалымат жеткирип, баары жакшы, баары көзөмөлдө, он беш эле адам чыгып атат дегенинин негизинде ушул нерсе келип чыкты.

"Азаттык": 4-5 күндөн бери митингге чыккандарды ыкка көндүрүп, алар менен тил табышып сүйлөшө турган адамдын болбогондугу, бул - азыркы бийликтин кадр саясатын туура эмес жүргүзгөнүнүн кесепети деп айтылып жатпайбы, бул орундуу сынбы?

Келдибеков: Бул - ак сөз. Мен айтып эле жүрөм, кадр тандоодо “биздин адам” деген принциптен кетүү керек. Анын ордуна профессионал, кадыр- барктуу, колунан иш келген чечкиндүү кадрларды кызматка койсо, иш алдыга жылат. “Бул баланча партиядан, тигил түкүнчө партиядан” деп кыргыздын кыйын жарандарын бөлүп-жаруу кесепети ушуга алып келди.

Азыр бийлик бутактарында коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү отурат. Ошол эле Көлдүн губернатору, Жети-Өгүздүн акими, өкмөт башчысы, прокуратура, сот системасынын жетекчилери - баары бир партия өкүлдөрү. Укук коргоо органдары да бир гана партиядан. Мындай болгон соң, жоопкерчиликти да алыш керек. Айыл өкмөттүн үчүнчү орун басары болууга деңгээли жетпеген акимдер бар. Ошондой деңгээлдеги өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар. Алар маселени чечип, кырдаалды так жеткирүүгө жөндөмсүз.

Жалал-Абадда болуп аткан кырдаал деле ушундай. 8 айдан бери эл митингге чыгууда. Ошону чечиш керек болчу. Жергиликтүү бийликте тургандан кийин президенттин, премьердин алдына келип, “жоопкерчиликти башым менен алам” деп чечип кетиши керек болчу. Анын ордуна креслосун кайтарып олтурушат. Ошол кадр саясаты туура эмес жүргөндүктөн ушундай кырдаал түзүлдү.

"Азаттык": Маалымат каражаттары - ушул митингди уюштурганга катышы бар деп бир нече кишинин атын жарыялады. Анын арасында сиздин да атыңыз аталып жүрөт, Бекназаровду айтып жатышат. Сиздердин буга канчалык катышыңыздар бар?

Келдибеков: Биринчиден, социалдык-экономикалык маселени көтөрүп, аны бийликке жеткирип чыккандыгы үчүн Жети-Өгүздүн элин колдойм. Экинчиден, эл өзү уюштуруп, өзү чыгып, жада калса башка жактан баргандарды аралаштырбай жатканы бул – эл көтөргөн ошол маселенин бышып жеткенинин белгиси. Мен дайыма айтам: элдин митингге чыгышына эмне себеп болду, эмнеге чыгышты деген суроого жооп издеш керек. Ал эми бизде 20 жылдан бери адат болуп калган – ким уюштурду деген гана суроого жооп издешет. Маселе бышып, көкөйгө тиймейин, ким уюштурбасын эл митингге чыкпайт. Мен 26-майдан бери сырт жакта жүрүп калдым, кечээ гана учуп келдим. Анан тигил же бул уюштурду деген дооматтарды токтотуп, андагы жаралган көйгөйлүү маселелерди чечүү керек.

"Азаттык": Жети-Өгүз жана Жалал-Абаддагы окуялардын шартында күч органдары, бийлик катуу чара көрүшү керек деп демилге көтөргөндөр болуп жатат коомчулукта. Бийлик чындап эле ошого барыш керекпи же ал тескери натыйжа береби?

Келдибеков: Кандай гана күч колдонулбасын ал тескери натыйжага алып келет. Анын арты эмне менен бүтөрү башыбыздан өттү го. 2005-жылдагы 24-март, 2010-жылдагы 7-апрелди кантип унутабыз? Эл шайлаган бийлик, элдин сөзүн укпай – күч менен басам дегени туура эмес.

"Азаттык": Анан ошол эле кезде - Жети-Өгүз, Жалал-Абадда митингге чыккандар мамлекет тагдыры менен ойноп жатат, өз жоопкерчиликтерин сезбей, Кыргызстанды орго тартышууда деген пикирлер да айтылды. Кумтөргө кеткен жарыкты өчүрүү менен кыргыз экономикасына зыян келтиришти, Жалал-Абаддагы администрацияны басып алуу мамлекеттүүлүккө доо кетирет деп айтып жатышат...

Келдибеков: Албетте мамлекеттин туруктуулугу менен экономика тыгыз байланышта. Жети-Өгүздө болгон окуя быйылкы туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратат деген кооптонуу жаратты. Ошол эле Кумтөрдүн иштебей, токтоп калышы да жакшы эмес. Бирок кен иштегени менен кыргызга пайдасы тийбесе, Жети-Өгүздө аргасы түгөнгөн эл акыры ушундай кадамга барды да. Беш күн бою үнү эч кимге жетпесе.

Андан тышкары парламент да күнөөлүү. Эл Конституциядагы өзүнүн укугунан пайдаланып, Жогорку Кеңешке биринчи жолу мыйзам киргизсе, аны карабаган биз да күнөөлүүбүз. Эгер эл киргизген мыйзамды карап атканда өкмөт мүчөлөрү келип, "Центерра голд" менен келишимди денонсация кылуу туура эмес, бирок ага альтернатива түзө турган сүйлөшүү жүргүзүп атабыз” десе эл деле түшүнмөк. Анын ордуна сүйлөшүп атабыз, минтип атабыз эле дешет. Эмне үчүн ал сүйлөшүүлөрдун маани-мазмунун эл билбеши керек? Эл кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билбегени үчүн көтөрүлдү да.

Жети-Өгүздөгү тополоң

Жалал-Абад да митинг

Кырдаалды ким курчутуп жатат?

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кумтөргө байланышкан каршылык акциясынан улам Жети-Өгүздө 10-июнга чейин өзгөчө абал киргизди.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев митингчилердин койгон талабы орунсуз экенин айтып, аны аткарууга барбай турганын эскертти.

Жети-Өгүздөгү курч кырдаалга өкмөт туура баа бере албай калганын сындаган айрым депутаттар парламенттин чукул жыйынын чакырууну сунушташууда.

Бийлик бул окуяны уюштуруунун артында элдик шыкактаган күчтөр турат деген менен алардын ким экенин ачык айта алган жок.

Каржылагандар жана толкугандар

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча каршылык акциясынын артында өлкөдөгү кырдаалды курчуткусу келген күчтөр турат деп билдирди. Бирок премьер-министр ал кайсы күчтөр экенин атаган жок. Ал Кумтөргө электр берүүнү үзгүлтүккө учуратып, көмөкчү чордонду ээлеп алгандардан бошотуу операциясын аргасыз чара катары түшүндүрдү.

Өкмөт башчысы окуянын себептерин жана анын уюштуруучуларын аныктабай туруп, карапайым адамдарды уруп-согуу кырдаалды кайра курчутуп жиберген жокпу деген суроого “операция мыйзам чегинде өттү” деп жооп берди.

Жантөрө Сатыбалдиев - митингчилердин Кумтөр боюнча койгон талаптары орунсуз деп баалады:

- Мында уюштурулган топтордун жүргүзүп жаткан иштери экенин убакыт көрсөтөт. Азыр ички иштер жана коопсуздук органдары анын артында кимдер турганы аныкталып, тиешелүү адамдардын конкреттүү фамилиялары айтылат. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал митингчилер башында социалдык талаптарды коюп жатып эле, анан бир учурда эле башка бир талапка өтүп кетишпедиби. Алардын койгон талабы аткарылбай турган, ультиматум түрүндө болуп жатпайбы. Өкмөт андай талапты аткарбайт.

Каршылык акциясын уюштурууну бир дагы саясий күч расмий түрдө моюнуна алган эмес. Бирок бийликчил тарап сырттан каржылоо бар деп күмөн санап, мунун артында Азимбек Бекназаров башында турган оппозиция турат деп түкшүмөлдөдү.

БЭК партиясынын теңтөрагасы Руслан Бекназаров бийлик ушундай кырдаалды өзү жаратып алып, эми жоопкерчиликти башка бирөөгө жүктөгүсү келет деп эсептейт:

- Элдин демилгечи тобу он миң кол топтоп, макулдашууну жокко чыгаруу боюнча долбоорду парламент карап берсин десе, аны бийлик шылдың катары кабыл албадыбы. Ошондо эле ушундай окуя болуп кетиши мүмкүн экени эскертилген болчу. Бирок аны уккан жок. Эми анан бийлик мына ушундай ызы-чуунун чыгышына өзү түрткү болуп алып, кайра оппозиция уюштурду дегени туурабы? Мал союлуп, бирөөлөр каржылап жатыптыр дешти. Албетте элдин кызыкчылыгы көтөрүлүп жатса, ойлонгон адам колунан келишинче жардам берет. Мен ал жакка бара алган жокмун. Мисалы, мен деле коюмду союп барып, ысык-суукта турган митингчилерди колдойт элем. Анын эмнеси бар экен? Ал жактагы эл ошентип өзүн-өзү колдоп жатат.

Ысык-Көл облусунда каршылык акциясына чыккандар Кумтөр алтын кени боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышкан.

31-май күнү таңга маал кенге кетчү жол бөгөлүп, электр энергиясы өчүрүлгөн соң каршылык акциясынын катышуучуларына каршы күч колдонулган. Жыйынтыгында 92 адам кармалган. Түшкө жуук адамдарды бошотуу талабын көтөргөн митингчилер менен милициянын атайын отряды кайрадан кагылышкан.

Кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Жети-Өгүзгө өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов мына буларды билдирди:

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы коомдук тартипти жөнгө салуу боюнча токтом кабыл алынып, ага ылайык 31-майдан баштап кечки саат 9дан таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилди. Бул өзгөчө абал 10-июнга чейин улантылат. Жети-Өгүз районуна комендант болуп ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев дайындалды. Ага коменданттык сааттын алкагында жарандардын укугун чектөө жана милдеттерин аныктоо боюнча бийлик укуктары берилди.

Өкмөттүн жоопкерчилиги

Талдоочулар киргизилген коменданттык саат канчалык натыйжа бериши мүмкүн деген маселени айтышууда. Анткени алар бул багытта сүйлөшүү болбосо кырдаал курчуп, ал өлкөнүн башка аймактарына да таралышы мүмкүн деген экенин божомолдошууда. Буга чейин өкмөт башчысы Сатыбалдиев учурда Кумтөргө электр энергиясы берилип, өндүрүш өз калыбында иштей баштаганын белгилеген болчу. Ошондой эле ал камакка алынгандарды бошотуу талабы менен каршылык акциясына чыккандарды эске албаганда кырдаал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө деп билдирди.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламенттин чукул жыйынын чакырууну сунуштап, өкмөт кырдаалга туура баа бере алган жок деп сынга алды:

- Кырдаал эч кандай көзөмөлгө алынган жок. Өкмөт көзү жок, кайдыгер тоң мамиле кылгандан улам, ушундай кырдаал орун алды. Абал мындан да курчушу мүмкүн. Ошондуктан Жогорку Кеңеш чукул жыйынга жолугуп кырдаалды талкууга алып, аны жөнгө салуунун жолдорун издеш керек. Милициянын күч колдонушу өкмөттүн чечими болду. Желим ок менен болобу же көздөн жаш агызчу газ болобу бир адамды атса дагы айыл жеринде аны бүтүндөй элге карата колдонулган күч катары кабыл алынат. Ошон үчүн бул кадамы үчүн өкмөт жооп берүүгө тийиш.

Өкмөт башчысынын орун басары Шамил Атаханов Жети-Өгүздө митингчилер менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ал митингчилерден кечирим сурап, кармалгандар коё берилерин жана эч кимге кылмыш иши козголбой турганын убада кылды. Буга чейин премьер-министр менен башкы прокурор кармалган каршылык акциясынын катышуучулары мыйзам чегинде жазалана турганын билдиришкен болчу.

Жалал-Абад: митингчилер өз губернаторун жарыялады

Жалал-Абад облустук администрациясына кирип барган митингчилер элдик губернатор деп Медер Үсөновду облус бийлик башчысынын креслосуна отургузду.

Алгач облакимиаттын жанындагы аянтта башталган митинг администрациянын короосунда уланды. Анан 200 чакты митингчи имараттын ичине кирип барды. Аларды тоскон эч ким болгон жок. Медер Үсөнов облустагы акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы болуп келген.

Мунун алдында Жалал-Абаддын облустук администрациясынын короосуна митингчилер кирип алган. Кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун айтымында, акимиатты көздөй бир машина таш алып келишти. Айрым балдар имаратты көздөй ичине кара май куюлган эки-үч бөтөлкө ыргытып, күйгүзүп жиберген. Бирок өрт имаратка тийген жок. Митингчилер өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматовду сүйлөтпөй, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Жалал-Абаддын борбордук аянтында нааразылык акциясы эки саат мурда башталган. Кабарчыбыздын айтымында, 160-170 киши чогулуп, Жети-Өгүздөгү митингчилердин талаптарын колдоорун айтып, камактагы "атажуртчу" депутаттардын бошотулушун, президент менен өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылып жатат. (YA/RK)

Жаш балбандар Румыниядан байге алды

31-майда Румыниядан кыргыз балбандары 1 күмүш,1 коло байге утуп келди. Алматыда акробатика турниринде бишкектиктер 5 алтын, 2 күмүш медаль утту.

31-майда жаш балбандар Румыниядан олжолуу келди. Бухарест шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге Кыргызстандан 2 жаш балбан барган. Беш жүздөн ашуун балбан катышкан турнирде 74 кило салмакта Максат Сагынтаев финалга чейин жетип, аз упай айырма менен күмүш медаль тагынды. 66 кило салмакта күч сынашкан Адилет Үсөнканов коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев маалымдады.

Акробаттар алдыда

Алматыда өткөн акробатика боюнча Казакстандын ачык чемпионатында кыргызстандыктар 5 алтын, 2 күмүш медаль утту. Уландардан Карек Абылгазиев айырмаланып, алтын медалга татыды. Кыздардан - Елена Берхтольд, Юлия Губанова Юлия, Анастасия Шифельман жана Кристина Болдырева биринчи орундарды камсыз кылды.

Жаза аткан мергендер

Германиянын Мюнхен шаарында ок атуу боюнча дүйнө кубогу жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын коргогон 9 мерген ийгилик жарата албады.

Азербайжан, АКШдан утулуп

Азербайжанда өтүп жаткан футболдон “Каспий кубогу” эл аралык турниринде кыргызстандык өспүрүмдөр командасы өз тобунан чыгалбады. Алгачкы оюнда талаа ээлери азербайжандыктарга 7:0 эсебинде утулса, 30-майда АКШнын футболчуларынан 11:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. "Бул көрсөткүч кыргыз футболунун ал-абалынан, деңгээлинен кабар берет. Футболду өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алып,жаш балдарга көңүл буруу зарыл", -дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.

Чоюн билек балбандар сыналат


1-июнда Бишкекте чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча өлкө чемпиондугу үчүн таймашуулар башталат. Бул күч сынашуулар тууралуу “Азаттыкка” федерация жетекчиси Бакыт Керимбеков билдирди.

Мексикада тай бокс таймаштары башталат

1-июнда Мексиканын борбору Мехикодо тай бокс боюнча дүйнө чемпиондугун сактоо үчүн кыргызстандык бир туугандар Антонина жана Валентина Шевченко рингге чыгат. 60 кило салмакта дүйнөлүк атак-даңкын сактап калуу үчүн Валентина Шевченко мексикалык Тании Гонзалес менен күч сынашат. Валентина тай бокстун бир нече түрү боюнча дүйнөнүн 9 жолку чемпиону болуп саналат. Ал эми 63,5 кило салмакта дүйнөнүн көп жолку чемпиону Антонина Шевченко да мексикалык Зое Родригез менен рингде беттешет.

Айыл жаштары мелдешүүдө

31-майда Чолпон-Ата шаарында айыл жаштарынын “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” аттуу мелдештери улантылды. Финалдык оюндар “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди.

Финалдык мелдештерде 7 облустун 600дөн ашык спортчусу футбол, тогуз коргоол, жеңил атлетика, ордо, күрөш, кол күрөш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мөрөй талашууда.

Балдарга арналды

31-майда Бишкекте 1-июнь-Балдарды коргоо күнүнө карата шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында президенттин кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды. Мында 8, 10 жана 12 жаштагы жеткинчек шахматчылар мөрөй талашты. Бул акыл таймашы тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Милан Турпанов маалымдады.

Самбодон Азия чемпионаты

1-июнда Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Күч сынашуулар Түштүк Кореянын борбору Сеулда 3-июнга чейин өткөрүлөт. Мында өлкө намысын 6 спортчу коргойт. Бул тууралуу федерациянын президенти Нурлан Токоноев билдирди.

Массалык ээнбаштыктан качан арылабыз?

Кыргызстанда күчкө салуу адатынан, жапайы демократиядан качан арылабыз?

30-майда Нарын облустук милициясынын мурдагы башчысынын сотто утуп, ордуна кайра келиши каршылыкка тушугуп, акыры аны күч менен кетиришти. Болгондо да мамлекеттик мекеменин тосмосун талкалап кирип барышкан.

"Арай көз чарай" талкуусуна ИИМдин кадр маселелери боюнча бөлүм башчынын орун басары Болоткан Имангазиев, ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын кызматкери Кубанычбек Жакеев, “Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдигинин мүчөсү Урмат Казакбаев, Оштон серепчи Руслан Ташанов катышты.

“Азаттык”: Нарын милициясындагы маселе кандай чечилди?

Болоткан Имангазиев: Милициянын полковниги Нарынбек Молдоисаев соттун чечими менен кызматына турган болчу. Кечээки малымат боюнча ал "мен кеттим" деп милиция имаратынан чыгып кетиптир.

Бүгүнкү күнгө чейин андан жумуштан кеткени туурасында арыз түшө элек. Ал эми Таалай Нуралиев боюнча да чечим кабыл алына элек.

“Азаттык”: ИИМдин мекемеси стратегиялык объект, мамлекеттик мекеме. Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерди басып алган, ичине кирип алган учурлар акыркы 20 жылдык тарыхыбызда көп эле кездешти. Эмнеге милиция мыйзамдуулукту орнотуп, аны тебелегендерге чара көргөндөн тайсалдады?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:46 0:00
Түз линк


please wait

No media source currently available

0:00 0:12:26 0:00
Түз линк


Кубанычбек Жакеев: ИИМ кызматкерлери колдон келген аракетти жасашты. Ошого карабастан Нарындын жарандары башкармалыктын короосуна кирип кетти. Милиция кызматкерлери алдын ала жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүгө аракет кылышты. Бирок Молдоисаевдин иштешине макул болбой, милицияга баш ийбей кирип кетишти.

“Азаттык”: Нарындагы короону талкалап кирип барган окуя, ушул тапта Кумтөрдүн иштешине каршы митинг, андагы Кумтөргө кетчү токту өчүрүп салуу, болбосо өзүмдү өрттөйм деген коркутуулар орун алууда. Руслан мырза, сот чечими менен кайра ордуна келген же жөн эле жаңы дайындалган жетекчини кайра кубалап чыгуу көрүнүштөрү өнөкөткө айланды деген пикирлерге кошуласызбы?

Руслан Ташанов: Ушундай пикирлерге кошулам. Конституциянын 34-беренеси Кыргызстандын жарандарына тынчтык жолу менен чогулуп, митинг, пикет өткөрүүгө, өз оюн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок мамлекеттик имараттарды басып кирүү, күчкө салып кызмат адамдарды ордунан кетирүү же тескерисинче, бирин алып, экинчисин коюу адаты чыныгы демократия менен эч качан коошпойт. Муну мыйзамды тебелөө, демократияны дискредитациялоо катары бааласак болот.

Урмат Казакбаев: Биринчиден, соттун чечими кандай кабыл алынган. Албетте соттун чечимин аткарыш керек. Бирок азыр биздин сот идеалдуу сот эмес. Ошондуктан соттун чечими бар экен аны аткарыш керек деген да туура болбой калат.

Бизге катуу мыйзам керек деп угармандар чалып атат. Эгер Акаев, Бакиевди унутуп койсок, бизде үчүнчү ыңкылап болот. Андай катуу авторитардык режимдин бизге кереги жок. Кыргыз эли ага чыдабайт. Азыркы көрүнүштөр бул коңгуроо гана.

Демократиянын көп кадамы бар, эртең эле демократия боло калбайт. Бул көп жылдык процесс. Бүгүнкү болуп жаткан митингдер биздин мыйзамга туура келбей жатат. Демек мыйзамдарды өзгөртүү керек. Дагы бир маселе, эгер жергиликтүү эл “бизге бул жетекчи жакпайт” десе, ал пикирлер менен да эсептешип, угуш керек.

Жаңыны көксөгөн жаңы оппозиция

Кыргызстанда беш партия биригип, жаңы оппозициялык майдан түзүүнү чечти. Азыркы Кыргызстанга кандай оппозиция керек?

“Реформа”, “Адилеттүү Кыргызстан”, "Демократиялык альянс”, “Ак шумкар” жана Кыргыз либерал-демократиялык партиялары бийликке конструктивдүү оппозиция болуп, бара-бара көчө оппозициясынын ордун басканы жатышат.

"Арай көз чарай" талкуусуна “Реформа” партиясынын мүчөсү Азамат Акелеев, “Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Курманбек Молдокулов жана “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын штаб башчысы Мамбетжунус Абылов катышты.

“Азаттык”: Азамат мырза, сиздер беш партия биригип, конструктивдүү оппозиция болобуз, барып-барып, охлократтык көчө оппозициясынын ордун басабыз деп жатасыздар. Азыр өзүн оппозициябыз дегендердин аракети канааттандырбайбы?

Азамат Акелеев: Оппозицияны оппозиция кылган шайлоочулар, эл болот. Ошондуктан биз аталган беш партия аракет кылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө кандайдыр бир инсандардын тегерегинде чогулган күчтөр, партиялар бара-бара идеялар менен программанын негизинде, ошонун айланасында чогулганга өтүшү керек.

Биздин коомдо да ошондой дискуссия башталышы керек. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө көбүнчө дискуссия социалисттик маанайдагы күчтөр менен либералдык же оңчул көз караштагылар ортосунда болот. Биз дагы ошондой маданияттуу дискуссияны коомго киргизгенге аракет кылабыз.

Учурда биз көбүнчө эксперттик, интеллектуалдык деңгээлден күнүмдүк адамдардын жашоосунда болгон маселелерди чечүү жолдорун сунуштаганга аракет кылабыз.

Эки ыңкылап болду, экөөндө тең эле ошол эле адамдар келип атат. 200-300гө жакын адам бар, кубулуштар да ошолордун тегерегинде эле болууда. Бирок идеялар, башкаруунун ыкмалары жаңырган жок. Биз жаңыча аракет кылган, жаңыча мамлекеттик башкарууга муктаж болуп жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:10 0:00
Түз линк



please wait

No media source currently available

0:00 0:12:52 0:00
Түз линк



“Азаттык”: Курманбек мырза, биз окшош укуктук идеологияны көздөйбүз деп “Ак шумкар” да беш партиянын катарына кирип, өкмөткө оппозиция болобуз деп жатасыздар. Бирок партия лидери Темир Сариев өкмөттө бакыйган министрликти, өлкөнү алдыга сүрөй турган мекемени жетектеп турат. Анан кантип өкмөттү сындап, оппозиция боло аласыздар?

Курманбек Молдокулов: “Ак шумкар” түзүлгөндөн тартып эле оппозицияда келаткан. Илгери ал оппозицияда жүргөндө башкача негиз бар болчу. Кландык, үй-бүлөлүк башкарууга каршы партия ачык оюн айтып, коркпой, баарын тобокелге салып жүргөн убакыт болгон.

2010-жылдагы шайлоодо “Ак шумкар” жеңилип, биринчилерден болуп тынчтык үчүн, өлкө келечеги үчүн маданиятты көрсөтүп, "биз шайлоо жыйынтыгын тааныйбыз" деп айтканбыз. Бирок бүгүнкү күндө парламентке келген партиялар өзүнүн максаттарын аткара албай, ички талаш-тартыш жана чарба иштер менен гана алек болуп калды.

Биздин партиянын тарыхы бар, өзүбүздүн позициябыз бар. Биздин министр өкмөттө болсо да ачык оюн айтып, программалар менен келген. Жаңы партияларга кошулуп, чогуу, жакшы иш алып баралы деген ойдобуз. Эгер конструктивдүү нерселерди айтып турсак ал кишиге деле жардам болуш керек. Эгер туура эмес иш кылса, ачык эле сындайбыз.

“Азаттык”: Буга чейин оппозициянын бир-эки акциясын, митингин көрдүк. Ошол эле “Эл үнү” кыймылынын митингине деле сиздер күткөндөн кыйла аз адам келди. Мамбетжунус агай, деги эле азыр эски-жаңы саясатчыларды эл артынан ээрчийби?

Мамбетжунус Абылов: Биринчиден, мен буларга ийгилик каалайм. Оппозиция деле бийлик деле эл үчүн аракет кылат. Коомдо оппозиция десе эле бийликке каршы жүрөт дегендей пикир түзүлүп калган.

Экинчиден, бийлик оппозицияны эч качан сүйгөн эмес, сүйбөйт дагы. Булардын алдында дагы татаал иштер болот. Азыр конструктивдүү жана конструктивдүү эмес деп жээрип атышат. Бийликке ыктап иштеген оппозицияны конструктивдүү деп коюшат, элге ыктагандарды радикал дешет. Биз элге ыктаган оппозициябыз. Биз аракетибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтүп жатабыз.

Жаңжалдан упай топтогондор

Гезиттердин башкы темасы Кумтөрдүн айланасындагы ызы-чууга арналды.

“Алиби” гезити буга карата атайын беттерди арнады. Кумтөрдүн 1 эле күнгө токтотулушу 4 млн. долларлык зыян алып келиши мүмкүн экендигин, митингчилердин мындай аракети бир гана Кумтөр өндүрүшүнө зыянын тийгизбестен жалпы Кыргызстанга катуу зыянын тийгизерин жазды.

Ушул эле гезит аркылуу оюн билдирген Улуттук илимдер академиясынын лаборатория башчысы Розалия Жээнчороева: “Эгер өндүрүш токтоп калса, анын кесепети эмнеге алып келерин ошондо көрөбүз, анда оорукана да болбойт, мектеп да салынбайт, бизде деги эле эч нерсе болбойт. Акыркы инвестор чыгып кетет” деп айтса;

Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү Валентин Богдецкий: “Тогу жок, иштөөгө мүмкүн болбой калган жабдууларсыз кендин кызматкерлери мөңгүнүн жылышын токтото албайт, мөңгү кыштакты да, карьерди да басып калат. Мына ошондо даана балээге калабыз. Эгерде жумушчуларга өз убагында күйүүчү май жана башка каражаттар өз маалында жетпесе, алар мөңгүнүн жылышын токтото албайт” деп айтты.

“Фабула” гезити тээ Акаев заманынан бери Кумтөрдү саан уйдай саап, улам элди көтөрө коюп, ооз басырыктын арты менен байып жүрүшкөндөрдү эл айтып жатканын, ал эми кечээки митингдин артында да кадимки эле Садыр Жапаров жана Кубанычбек Исабековдун кулагы көрүнүп жатканын, баштагы жылдары да Исабековдун жигити митингдерди башкарып келгенин, ошентип Кумтөрдү беттерине кармап саясат оюнун кургандар мамлекетти кууратып жатышканын эмдигиче түшүнбөгөнүнө жаны кашайды.

“Жаңы агым” гезити Кумтөрдөгү митингдин уюштуруучусу Нарис Калчаевди мурдагы "акжолчу" Кубанычбек Исабеков финансыларын, былтыркы митингди да Исабеков каржылап, ашык-кеми жок 15 миң доллар чачканын, чындап келгенде бул митингдер акча табуунун ыкмасына айланганын, анткени Исабеков Кумтөрдү коркутуп-үркүтүү менен чоң акча тапканды мыкты өздөштүрүп алгандардын бири экенин ишенимдүү булактарынан угуп жазып жатканын кабарлады.

Ушул эле маселе тууралуу бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезитке жеткен маалымат боюнча Кумтөр боюнча нааразылык акциясын Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Нариман Түлеев жана Эркин Бөлөкбаев финансылап атканын, бирок аттары аталган бул саясатчылар жергиликтүү элден бул митингдин өтүшүнө өздөрүнүн тиешеси бар экенин жашырууга аракет кылып жатышканын жазды.

“Кыргыз туусу” гезити “2012-2013-жылдардагы Жети-Өгүз районуна демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары” деген аталыш менен ушул эки жыл ичинде Кумтөрдүн берген жардамдарын жарыялады.

Муну менен бирге эле “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча вице-президентинин Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге жазган каты жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити да бул санын Кумтөргө байланыштуу макалалардын топтому менен ачып, эгер Кумтөр токтоп калса, өндүрүштү калыбына келтирүү үчүн 9.3 млн. сом чыгым кетерин, жалпы жонунан Кыргызстан 1.2 млн. доллар жоготорун сандардын тили менен жазып көрсөттү.

Тоо-кен боюнча белгилүү адис Орозбек Дүйшеевдин маегинин аты: “Булар бузукулар, “Кумтөр” кенинин ишин такыр токтоткону жатышат” деп аталып, Көлдөгү башаламандыкты уюштургандардын артында бүгүнкү бийликке каршы чыккандар болушу мүмкүндүгүн, экинчиден, деги эле кыргыз элине жакшылык каалабагандар турарын, айрымдары айтып жатпайбы, кенди иштетип акча табуунун кереги жок, эптеп жан багып эле жашай беребиз деп, ушуга окшогон караңгы уюмдар, иши жок бош жүргөн балдарды уюштуруп жаткандыгын, ушулардан уюштурулган башаламандык кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы иштеп атканын, бүгүнкү күндө акыл-эстүү адамдын баары эле Кыргызстанда тынччылык, ынтымак болушун, өлкө тынч болгондо гана жашоо-турмуш оңуна жыларын түшүнүп жатканын айтты.

Кумтөргө каршы митинг уланууда

Жети-Өгүздө өзгөчө абал жарыяланды

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда өзгөчө абал жарыяланды.

Мындай чара жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу, абалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти орнотуу максатында кабыл алынды.

Өзгөчө абал тартиби бир сааттан кийин күчүнө кирет жана 10-июнга чейин уланат. Кечки саат тогуздан таңкы алтыга чейин коменданттык саат тартиби киргизилип турат.

Районго комендант болуп ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев дайындалды.

Бүгүн Барскоон айылында үч миңдей митингчи жана миңге жакын тартип коргоо кызматкеринин ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече адам жараат алган эле.

"Азаттыктын" кабарчысы Мария Колесникова билдиргендей, милициянын күчөтүлгөн топтору нааразылык акциясына чыккандарга кулак тундурчу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонсо, митингчилер колдоруна таш алып коргонгон.

Кабарчыбыздын акыркы маалыматы боюнча, Жети-Өгүздүн акими Жаныбек Дүйшөмбиев бошотулду. Акимди митингчилер өз унаасына салып Тамга айылына алып бараткан.

Ал арада Жети-Өгүздөгү кечээки окуялар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге баш прокурор Аида Салянова билдирди. Башкы прокурордун айтымында, иш Кылмыш кодексинин "имарат, курулуштарды басып алуу", "бейбаштык", "өз билемдик кылуу" деген үч беренесинин негизинде козголду. Ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы козгоп, облустук милицияга тергөөгө жөнөттү.

Митингчилер подстанцияны кечээ кечинде өчүрүп салган. Объектти кайтарып турган тартип коргоо органдары аларга туруштук бере алган эмес. Кабарчыбыздын айтымында, электрди өчүргөн 100дөй адамды азыр милиция ошол подстанциянын аймагынан чыгарбай кармап турат.

Кумтөр ишканасы тарабынан Жети-Өгүздөгү бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырууну жана канадалык инвестор менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылган митингчилер ушул дүйшөмбүдөн тарта Барскоон - Кумтөр унаа жолун бууп турган. (RK)

Чыналиев: Херсондо кыргыздарга эстелик тургузулат

Кыргызстандын Украинадагы элчиси У. Чыналиев (ортодо) Херсон обладминистрациясынын башчысы Н.М. Костяк(солдо) жана Херсон облкеңешинин төрагасы В. Г. Пелых менен Скадовскидеги форум учурунда. 16-май 2013

Украинада Кыргызстанга инвестиция салууну каалаган ишкерлер барбы? Кыргызстандык жаштардын Украинанын ЖОЖдорунда билим алуу мүмкүнчүлүгү кандай?

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Толук жана ыйгам укуктуу элчиси Улугбек Чыналиев "Азаттыкка" берген интервьюда: эки мамлекет ортосундагы экономика, маданият жана билим берүү жаатындагы кызматташуу жана ал жакка мурдагы совет доорунда "кулак" деп айыпталып, жазыксыз айдалган кыргыздардын көрүстөндөрүн коргоо жана көрктөндүрүү аракеттери жөнүндө айтып берди.

“Азаттык”: Урматтуу элчи! Сиз 16-17-апрелде Херсон облусунун курорттуу жайы- Скадовскиде өткөн Эл аралык үчүнчү туристтик форумга катыштыңыз. Сиз “Херсон жери: Тавриянын экологиялык шартында дем алуу, дарылануу, саякат куруу” деп аталган бул жыйында Херсон облусу менен Кыргызстандын дубандары арасындагы туризм багытында кызматташуу боюнча сунуш жасаган экенсиз. Ошол сунушуңуздун мазмунун чечмелеп айтып берсеңиз?

Чыналиев: Скадовск шаарчасындагы Эл аралык үчүнчү туристтик форумга Украинанын региондору, ошондой эле Эстония, Кувейт, Орусия, Беларус жана Кыргызстандын элчилиги катышты. Форумда Херсон облусундагы санаториялар менен курорттордогу дарылоонун түрлөрү, экология туризми, анын ичинде жөө жана ат минип кыдыруу боюнча маршруттар кенен сунуш кылынды. Херсон облусу менен туризм тармагындагы кызматташуу боюнча өз сунушубузду Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрлигине жолдодук. Мен эл аралык жыйында Ысык-Көл гана эмес, башка да облустарыбыздын экстремалдык туризм, өзгөчө, Кыргызстандагы 7 миң метрлик чокуларга чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеңири айтып бердим. Азыр бизде Одесса облусу менен келишим бар. Ага ылайык, 20дан ашуун украиналык альпинист Чоң Алай районундагы "Ачык таш" базасына барып, андан ары Ленин чокусуна чыкканга катышат. Бул база Ленин чокусунун этегинде жайгашкан. Херсон облусундагыдай форумду биз да Бишкекте, Ысык-Көлдө, Ошто жана башка жерлерде уюштурсак болот.

“Азаттык”: Совет доорунда көптөгөн кыргызстандык улан-кыздар Киев, Одесса, Харьков, Хмельницкий жана башка шаарлардын жогорку окуу жайларында окушкан. Бүгүн Кыргызстан менен Украина ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуунун абалы кандай?

Чыналиев: Азыр Украинада кыргызстандык 18 студент окуйт. Алар Одесса, Киев жана Харьковдо окушат. Бул өтө аз. Совет заманында жана андан кийин 2007-жылга чейин көп эле улан-кыздарыбыз Украинанын жогорку окуу жайларында билим алышкан. Бирок, Украинада студенттерди окутуу боюнча өкмөттөр аралык келишим эки-үч жыл мурда иштебей калган. Биз азыр (мен Украинага элчи болуп өткөн жылы келдим) Билим берүү тармагындагы өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдап бүттүк. Анда кыргызстандык отуздан ашуун улан-кызды бюджеттик негизде Украинада окутуп берүү каралган. Бул документти даярдоого эки жак тең катышты. Ага Соода-экономикалык жана маданий, илимий байланыштар боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын июль айынын баш ченинде Киевде болот деп мерчемделген жыйынында кол коюлат деп боолгоп турабыз.

“Азаттык”: Эгер бул келишимге кол коюлса, кыргызстандык улан-кыздар сентябрь айынан тарта Украинанын университеттеринде окуй баштайбы?

Чыналиев: Эгер келишимге июлда кол коюлса, сентябрга чейин убакыт аз калат. Анткен менен, сентябрда жаштарыбыз окуй баштайт деп үмүт кылалы. Сөз болуп жаткан келишимде Кыргызстан үчүн аябай маанилүү инженердик кесиптик- авиакаттамдарды тейлөө боюнча жогорку билимдүү адистерди окутуу каралганын белгилей кетмекчимин. Украинада совет мезгилинде жана андан кийин авиация боюнча адистер Кыргызстандан көп окуган. Азыр абал жакшы эмес. Биз бул абалды оңдошубуз керек.

“Азаттык”: Украина экономикалык кубаты жагынан постсоветтик аймакта Орусиядан кийинки чоң өлкө. Азыр Кыргызстанда украин момпосуйларынан өткөн белгилүү товар жок. Ушу тапта эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык байланыш кандай өнүгүүдө?

Кыргыз элчисин Виноградово кыштагында (Цюрипинск району) украин салты боюнча тосуп алышууда. Херсон облусу. 17-май 2013
Кыргыз элчисин Виноградово кыштагында (Цюрипинск району) украин салты боюнча тосуп алышууда. Херсон облусу. 17-май 2013
Чыналиев: Украина Кыргызстанга товар экспорттоо боюнча бешинчи орунда турат. Кыргызстанга Украинадан негизинен кондитердик даам-татымдар, анын ичинде шоколад-момпосуйлар экспорттолот. Ошондой эле энергетикалык ишканаларда колдонулчу түрдүү жабдуу-тетиктер, трансформаторлор да ташылат. 2012-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 140 миллион доллардан көп сумманы түздү. Бул 2011-жылга салыштырганда 16, 4 млн. долларга көп. Өсүш бар. Биз Украинага тери, анча-мынча пахта, кээ бир жабдууларды, атап айтканда, мурдагы "Кыргызавтомаш" бирикмеси чыгарган радиаторлорду сатабыз. Тилекке каршы, соода балансы биздин пайдага эмес.

“Азаттык”: Урматтуу элчи, болочоктуу же украин тарапты өзгөчө кызыктырган приоритеттүү багыттарды атай кетсеңиз?

Чыналиев: Биздин энергетика секторубуздун тышкы инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүгү аябай чоң. Украиналык инвесторлорду да орусиялыктар сыяктуу эле ГЭСтердин курулушу өзгөчө кызыктырат. Совет заманында Нарын дарыясында 26 ГЭС куруу жөнүндө техникалык-экономикалык негиздер даярдалып, жети ГЭС курулган. Азыр Камбар - Ата 1 жана 2, ошондой эле Жогорку Нарында төрт орто өлчөмдөгү ГЭС куруу мерчемделүүдө. Дал ушул багыт Украина менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн абдан болочоктуу. Андан тышкары Кытайдан Кыргызстанга келген продукцияларды кайра иштетип, эгер Евробиримдиктин товарлары менен атаандаша алса, аларды Украинага реэкспорттоо мүмкүнчүлүгүн да кылдат изилдеп көрүүбүз керек.

“Азаттык”: Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыккан украиналык ишкерлер барбы?

Чыналиев: Андай кызыгуу бар. Андай бир долбоор иштеп жатат. Ивано-Франковск облусунун инвесторлору Кумтөрдө эски резина дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод курушкан. Жыйырма жылда Кумтөрдө эски дөңгөлөктөр абдан көп чогулуп калган экен. Аларды кайра иштетүүдөн автожолдорду курганга керектелчү жана күйүүчү-майлоочу материал алынчу чакыч (смола) бөлүп алынат. Алтын кендерин иштетүү боюнча да сунуш бар.

“Азаттык”: Урматтуу элчи, совет заманында кыргыз маданиятынын күндөрү Украинада өткөнү маалым. Азыр маданий кызматташуунун абалы кандай болууда?

Кыргыз элчиси У. Чыналиев Чаплинск районунун акими В. Бериславский, райкеңештин төрагасы Н. Самойлов жана Крестов кыштак өкмөтүнүн башчысы С. Хильченко менен кулак деп сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн айдоо жердин четинде. 17-май 2013
Кыргыз элчиси У. Чыналиев Чаплинск районунун акими В. Бериславский, райкеңештин төрагасы Н. Самойлов жана Крестов кыштак өкмөтүнүн башчысы С. Хильченко менен кулак деп сүргүнгө айдалган кыргыздар көмүлгөн айдоо жердин четинде. 17-май 2013
Элчи: Биз өткөн жылдын аягында Украинанын Улуттук адабият музейинде кыргыз жазуучуларынын чыгармаларына, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган чоң кече өткөрдүк. Салтанатта атактуу украин акыны Борис Олейник сүйлөп: “Адамзатка Чыңгыз Айтматовду белек кылганы үчүн Кыргыз элине таазим этем”,-деди. Ноябрда Кыргызстанга арналган жалпы украиналык көркөм сүрөт көргөзмөсүн өткөрөлү деп сүйлөштүк. Андай протоколго Искусство академиясынын президенти, Украинанын эл сүрөтчүсү Андрей Чебыкин менен жакында кол койдук. Подольедеги Киев академиялык драма театры (Киев шаарында) Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестин сахналаштыруунун сценарийин жазышты. Азыр театр менен элчилик чогуу айтылган орток долбоордун үстүнөн иштешүүдө. Бул Чыңгыз Айтматовдун экс-советтик Украинада коюлган биринчи чыгармасы болот. Мындай кызматташуу болочокто дагы кеңейе берет.

“Азаттык”: Сиз Херсон облусуна барган учурда 1930-жылдары Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар жашаган жерлерде болуп, алардын көрүстөнүнө барып, зыярат да кылыптырсыз. Ошол көрүстөндөрдү коргоо боюнча жергиликтүү бийликтер менен эмне деп сүйлөшүлдү?

Чыналиев: Мен 1930-жылдары кулакка тартылып, Украинага айдалып келген кыргыздар жашаган Чаплинск районунда болдум. Кыргыздар райондун бир бөлүмүндө жашаган экен. Ал жердеги кыргыздар көмүлгөн мазар азыр айдоо жерге айланыптыр. Мен ал жерде маркумдарга арнап куран окудум. Райондун жетекчилери менен кеңешип, ошол айдоо жердин четине Сталиндик репрессияда курман болгон кыргыздарга арнап, эстелик (обелиск) орнотолу деп макулдаштык. Андан тышкары Чаплинкада 1930-жылдары Украинадагы ачкачылыкта курман болгондорго эстелик тургузулган экен. Ал жерге да сүргүн кыргыздары жөнүндө эскерткич тургузалы деп сүйлөшүлдү. Цюрипинск районундагы Виноградово кыштагындагы кыргыздардын көрүстөнүн да барып көрдүм. Жергиликтүү бийликтер менен көрүстөндү тосолу, эстелик орнотолу деп сүйлөштүк. Бул, албетте, бир топ эмгекти жана каражатты талап кылат. Анткен менен, бул ишти бүткөрүшүбүз керек.

“Азаттык”: Урматтуу элчи, маегиңизге ырахмат.

Кумтөр электр энергиясынан ажыратылды

Ысык-Көлдө митингчилер Тамга айылындагы подстанциядан Кумтөр ишканасын жабдуучу электр линиясын үзүштү.

Ысык-Көлдө Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимдин жокко чыгарылышын жана Жети-Өгүз районунда бир катар социалдык долбоорлордун ишке ашырылышын талап кылып, үч күндөн бери митингге чыгып, жол тосуп аткандар бүгүн кечке жуук Кумтөр ишканасын электр энергиясыз калтырууну чечти. Бул чечимин ишке ашыруу үчүн алар дароо эле Барскоондон Тамга айылындагы подстанцияга жөнөп кетти.

Тамга подстанциясын кайтарып тургандар митингчилерге туруштук бере албады.
Тамга подстанциясын кайтарып тургандар митингчилерге туруштук бере албады.

Жергиликтүү тартип коргоо органдары ал подстанцияны кайтарууну күчөткөнү менен жаалданган топко туруштук бере алган жок. Натыйжада Кумтөр ишканасына кеткен электр линиясы жалпы системадан ажыратылды.

Митингчилердин бири подстанциянын тосмосунан ашып түшүүдө.
Митингчилердин бири подстанциянын тосмосунан ашып түшүүдө.

Нааразылыкка чыккан эл менен сүйлөшүүгө барып, окуя болгон жерде жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири Курманбек Дыйканбаев электр энергиясын өчүрүүгө уруксат бөөдө курмандыктар болуп кетпеси үчүн айла жоктон берилгенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди:

- Кырдаал өтө курчуп кеткенине байланыштуу биз аргасыздан макулдук бердик. Милициядан башка жергиликтүү бийликтен эч ким жок.

Митингчилердин бир тобу Кумтөргө электр энергиясын берүү жандануусуна жол бербөө үчүн подстанциянын жанына боз үй тигип, ошол жерде түнөй турган болушту.

Подстанцияга келген митингчилер.
Подстанцияга келген митингчилер.

Бул окуядан соң премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү министрликтер жана башка органдардын жетекчилери менен чукул жыйналыш өткөргөнү кабарланды. Анда кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз.

Үч күн мурда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында башталган митинг андан кийин Барскоон айылында Кумтөргө кеткен жолду тосуу менен уланып жаткан.
Алар Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык ишкана менен түзүлгөн 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу, жергиликтүү элге социалдык жардамдарды берүү, кен иштетүүдөн арткан калдыктарды тез арада тазалоо талаптарын койгон.

Митингчилер менен 30-майда экономика министри Темир Сариев барып жолугушту, бирок министрдин берген жооптору канааттандырбаганын белгилеген митингчилер президент Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин келүүсүн талап кылып, 31-май, саат 16:00га чейин мөөнөт беришкен. Митингчилер эгер талаптары аткарылбаса, ишканага кирүү максатын билдиришүүдө.

Айрым адистердин айтуусунда, электр энергиясынын узак убакыт жок болушу Кумтөр ишканасына өтө чоң зыян келтирет.

Буга чейин Кумтөр алтын кенин иштеткен компания экологияны бузуп, мамлекетке тиешелүү салык төлөбөй жатат деген кине менен Кыргызстандын парламенти канадалык инвестор "Центерра голд" менен сүйлөшүү жүргүзүүнү, 2009-жылкы келишимден чыгууну өкмөткө буйруган. Буга берилген мөөнөт ушул айдын аягында бүтөт. Бирок азырынча кыргыз өкмөтү тараптан да, "Центерра" тараптан да конкреттүү сунуш же чечим боло элек.

Канадалык тарап болсо 2009-жылкы келишимди бузууга эч негиз жок деп эсептээрин билдирген жайы бар.
Кумтөрдү иштетүүгө каршы митингден сүрөт баян, Барскоон, 29-май.

Батукаев министрлерди "ала кетмей" болду

Жогорку Кеңештин жыйыны.

“Батукаев ишин” караган Жогорку Кеңеш бир катар министрлерди кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун парламент эки күн карады.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Болот Шер жетектеген депутаттык комиссиянын корутундусунда жана алар даярдаган токтом долбоорунда “Батукаевди бошотуу ишин бийлик жетекчилери алдын-ала сүйлөшүп алып жасашкан” деп баса белгиленген. Бирок ал пункт тастыкталбаганына байланыштуу добуш берүү учурунда токтомдон алынып калды. Мындан тышкары, комиссия өз корутундусунда баш прокурор Аида Салянованын да жоопкерчилигин президент карап көрсүн деген сунуш менен чыккан. Кызуу талаш-тартыштан соң бул сунуш да токтомго кирбей калды.

Басмайылы бошогон аткаминерлер

Анткен менен Жогорку Кеңеште кабыл алынган токтомдо премьер-министр 10 күндүн ичинде коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматтан бошотуу сунушун президентке жөнөтүшү керек деп айтылат.

Кыргызстандын аброюн, кыргыз элинин намысын тебелетти. Ким ошол башында турган адам? Биз мына ошол кишини айтып чыгышыбыз керек болчу. Бирок анте албадык.
Жылдыз Жолдошева

Ошондой эле жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди, Ички иштер министринин орун басары Фуркат Үсөновду, Гематология институтунун илимий борборунун жетекчи орун басары Макимбетовду, Жаза аткаруу кызматынын башчысынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди, ушул эле кызматтын өкүлү Асановду, Нарындагы Батукаев бошоп кеткен тергөө абагынын жетекчиси Касымалиевди жана анын кызматкери Абылгазиевди кызматтан алуу сунушталган.

Башкы прокуратурага болсо баш прокурордун орун басары Людмила Усманованы кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизүү, ошондой эле атайын прокурорлор Акматалиев менен Жуматаевдин кызмат жоопкерчиликтерин карап көрүү милдети жүктөлдү.
Ошондой эле башкы прокуратурага жогоруда аты аталган кызмат адамдарынын ишине укуктук баа берүү жана жасалган иштер боюнча эки ай аралыгында маалымат берүү тапшырылды.

Жыйында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Жогорку Кеңеш эки күн аталган маселени талкуулап, бирок эң башкы суроого жооп алынбаганын айтып чыкты. Ал бул иштердин артында ким турат деген суроо жетим калды дейт:

- Кыргызстандын аброюн, кыргыз элинин намысын тебелетти. Ким ошол башында турган адам? Ким ошол буйрутма берген киши? Ким бул кызыкчылыкты көздөгөн? Биз мына ошол кишини айтып чыгышыбыз керек болчу. Бирок анте албадык.

Эл өкүлдөрү Батукаевди бошотууда кимдер канча акча алган деген суроого да жооп издеп, аны ала алышкан жок. Депутаттык комиссия ал сөздөр далилденбей калганын кошумчалады.

Кылмыш топтору бизди жеңди, бизди тебелеп-тепседи. Анан ушундай коалициянын кереги барбы?
Исмаил Исаков

Деген менен добуш берүүгө чейин талкуу учурунда айрым бир кайчы пикирлерди эске албаганда, көпчүлүк депутаттар убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун колдоп чыгышты. Башкача айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгып кетиши кокусунан болгон окуя эмес, ага тиешелүү кызмат адамдары кол кабыш кылган деген пикирде болушту.

Кызматтык алешемдиктерге жол берген өкмөт мүчөлөрүнүн аракети үчүн жоопкерчиликти оболу парламенттеги башкаруучу коалиция өзүнө алыш керек дегендер да болду.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков “Ата Мекен” партиясына кайрылып, башкаруучу коалициядан чыгып кетели деп сунуштады.

- Өмүрбек Чиркешович, мен сизге экинчи жолу кайрылам. Сиздердин жана биздин биринчи урааныбыз кылмыш топтору менен күрөшүү болчу. Аны аткара алган жокпуз. Кылмыш топтору бизди жеңди, бизди тебелеп-тепседи. Анан ушундай коалициянын кереги барбы? Биз түзгөнбүз да булардын баарын добуш берип. Жаңы өкмөттү, жаңы прокурорду, жаңы сотту шайлагандан кийин тапшырма берсек, акырына чыгат.

Исаковго жооп кайтарган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эгерде Жогорку Кеңеш комиссиянын корутундусунда сунушталган чечимдер боюнча тыянак чыгара албаса, анда чыны менен тарап кетиши керек деп билдирди.

- Эгер бүгүн коалиция түз жана так баа бере албаса, ошол күнөөлүүлөрдүн иш козгогонуна иш козгоп, кызматтан кетиргенин кызматтан кетире албаса, анда биз тарап кетишибиз керек. Бирок мен ойлойм, азырынча андайга эрте. Анткени биз саясий баа бере алабыз деп ишенем.

Ошол эле кезде “Ата Мекендин” лидери Батукаев иши боюнча үн катпаганы үчүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди да сындап, ал баарына жоопкер болчу деди.

Мыйзам бузулган эмеспи?


Мендеги материалдардан эч кандай кылмыштын курамын көргөн жокмун деп мурда да айткам. Азыркы депутаттык комиссиянын материалдары боюнча да эч нерсени көрө албадым
Аида Салянова
Бирок айтылган дооматтарга, депутаттык комиссияда келтирилген далилдерге өкмөт мүчөлөрү жана кине коюлуп жаткандар макул эмес. Алар Батукаевди бошотуу ишинде бир дагы мыйзам бузулган эмес деген ойду карманышууда.

Мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзгөн баш прокурор Аида Салянова да мыйзам бузуу боюнча кандайдыр бир далилдерди көрбөй турганын айтты:

- Мендеги болгон материалдар боюнча эч кандай кылмыштын курамын көргөн жокмун деп мурда да айткам. Азыркы депутаттык комиссиянын материалдары боюнча да эч нерсени көрө албадым. Башка бир материалдар болсо бергиле, эгер ошондой материалдар бар болсо, анда кеп башка.

Криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Азиз Батукаев быйыл 9-апрелде абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бошотуу тууралуу сот чечимине Гематология борборунун ал ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу бүтүмү негиз болгон. Бирок ушул эле борбордун Нарынга барып, Батукаевден анализ алып келген дарыгери анын аталган ооруга чалдыкпаганын билдирүүдө.

9-апрелде Нарындан түз эле “Манас” аба майданына келген Батукаевди Challenger-300 үлгүсүндөгү учак Чеченстандын борбору Грозныйды көздөй алып кеткен. Бул үчүн аталган учак үч саат мурун келип, аба майданга тиешелүү акыны төлөп уруксат алган.

Азиз Батукаевдин улуту чечен, ал 1966-жылы Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн. Укук коргоо органдарынын маалыматында, 1990-жылдары Кыргызстандагы бирден-бир кылмыштуу топту жетектеп, талап-тоноочулук, буйрутма өлтүрүүлөр, маңзат соодасы менен алектенип, Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүн көзөмөлдөп турган.

Батукаев акыркы ирет 2005-жылы октябрда Жогорку Кеңеш депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган бир канча мамлекеттик кызматкер түрмөнү текшерип барганда өлтүрүп, 16 жыл 8 айга соттолгон. Ал абактан чыгып кеткенге чейин Нарындагы абакта отурган болчу.

Москва: кыргыз ишкерлерге кысым күчөдү

Москвадагы мигранттар.

Жогорку Кеңеште Орусиядагы кыргыз ишкерлерин “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин тобу кысымга ала баштаганы сөз болду.

Бул тууралуу айтып чыккан “Республика” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов Батукаевди бошотуунун кесепеттери үчүн эми ким жооп берет деген суроо койду. Ички иштер министри Абдылда Суранчиев болсо Батукаевдин эле эмес, ал жакта Алманбет Анапияевдин уюшкан тобу да бар экенин билдирип, аларды кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатканын айтты.

Москвадан даттанган ишкерлер

Москвадагы базарларда соода кылган жана ишкердик менен алектенген кыргызстандыктарга карата кысым күчөгөнү айтылууда. Бул тууралуу Москвадагы ишкерлерден купуя маалымат алганын айткан депутат Алтынбек Сулайманов алар бул тууралуу ачык айтуудан коркуп жатышканын белгиледи.

“Республика” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов кыргызстандык ишкерлерге жасалган кысымды Батукаевдин бошотулушу менен байланыштырды:

- Силер Азиз Батукаевди бошоткондон кийин анын тобу Москвада чогулуп, жандана баштады. Ал жерде кыргыздар соода кылган "Строгино" деген базар бар. Азыр ошол базарда соода кылган ар бир кыргыз Азиз Батукаевдин уюшкан тобуна салык төлөп калды. Мындан сырткары кафе-ресторан иштеткен кыргызстандык жеке ишкерлерге ири алык-салыктар илинип жатыптыр. Жакындан бери Литвадан машина ташып келип саткан кыргыз балдарды да салыкка олтургузуп жатышат. Силер Батукаевди бошотуп, кыргызга кылган жакшылыгыңар ушул болдубу? Мунуңарды тарых кечирбейт.

2011-жылы август айында да Москвадагы кыргызстандык соодагерлерди коркутуп-үркүтүп салык алган факты катталган. Анда бул иштин башында чечен тектүү Кыргызстандын жараны Казбек Билалов турганы кабарланган. Ал Батукаевдин уюшкан тобунун мүчөсү катары Кыргызстанда 1993-жылы каттоого алынган. Кылмыш дүйнөсүндө “Кара Казбек” деген каймана ат менен белгилүү ал адам 1994-жылы Бишкектеги карактоого шектүү деп кармалып, бирок бат эле коё берилген. Бирок 2000-жылы кайрадан каракчылык боюнча темир торго киргизилип, 2007-жылга чейин абакта отурган. 2007-жылы гезиттерге Феликс Кулов камералаштары менен түрмөдө жаткан учурда түшкөн сүрөт жарыяланып, фотодо кримавторитет Казбек Билаловдун да бар экени жазылган эле.

Кадимки Казбек кайтарылып келе элек

Алтынбек Сулайманов Москвадан кармалган Казбек Билалов эмне себептен Кыргызстанга алынып келбей жатканын сурады:

- Билбесеңиз айтып койойун, Казбек деген Батукаевдин оң колу. Москвадагы кыргыздарды токойго алып барып кордоп, коркутуп видеого тартып, салык салып, акча алгандыгы үчүн кармалган. Ал кыргыз жараны. Бирок ал бир жылдан ашуун убактан бери Москванын абагында отурат. А силер бир жарым жылдан бери ошону да Кыргызстанга алып келе албай жатасыңар...

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Орусиянын баш калаасы Москвада эки жүздөн ашуун уюшкан кылмыш топтору бар. Алар негизинен этникалык өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүнүп, криминалдык тартипке ылайык, өздөрүнө таандык таасир көрсөтүү тилкесинде аракеттенишет.

Москвадагы уюшкан эки топ

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев Орусияда Батукаевдин гана эмес Анапияевдин уюшкан тобу да бар экенине токтолду:

- Маалымат боюнча ал Казбек деген Москвада отурат. Аны жакында бул жакка экстрадиция кылабыз. Анын жанында бул жактан барган эки шерик киллери да бар. Бирок Москвада жалаң эле Батукаевдин тобу эмес, Анапияевдин тобу көбүрөөк иштеп жатат.

Жакында Кыргызстандын ички иштер органдары Москвадагы кесиптештери менен биргеликте Анапияевдин уюшкан тобуна таандык делген кыргызстандык төрт жарандын кармалганын жарыялаган болчу.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бул чечим менен бийлик чоң жаңылыштык кетиргенин белгиледи:

- 2006-жылы Бакиев менен Кулов чыгарып бербей койгон. А Рысалиев болсо “аны эмне үчүн чыгардым, анткени Көлбаев менен атышып кетет дедим” , - дейт. Азыр ал эркиндикке чыгып алып, эс алып жатыптыр. Алардын ортосундагы согуш эми башталат. Азыр Көлдө да, Ошто да, Жалал-Абадда дагы кыймылдар башталды. Бул мына ушул силердин саясатыңардын үзүрү.

Айрым маалыматтарга караганда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев учурда Орусиянын Краснодар шаарына саламаттыгын чыңдоого кеткен. Экинчи бир ыкчам маалыматтарга боюнча, ал Грозныйдан Москвага келип жайгашкан.

Азиз Батукаев абактагы тополоңго жана Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу 2006-жылы он алты жылга эркинен ажыратылган. Ал жакында Нарындагы тергөө абагында "оорусуна байланыштуу" деген негиз менен жаза мөөнөтүн өтөөдөн тогуз жыл эрте бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Нарындагы тополоң

Нарындагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Баласында баары жакшы, бачабаздар кайдан чыгат? (3)

Баласында баары жакшы, бачабаздар кайдан чыгат? (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:50 0:00

Баласында баары жакшы, бачабаздар кайдан чыгат? (2)

Баласында баары жакшы, бачабаздар кайдан чыгат? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:03 0:00

Нарында ОИИБинин тосмосу талкаланды

Нарындагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Нарын шаарында ОИИБинин жаңы дайындалган жетекчиси Нарынбек Молдоисаевге каршы митинг бүгүн да уланып, ал тосмону талкалоо менен коштолду.

Митингдин катышуучулары Молдоисаевдин элдин алдына чыгуусун талап кылышты. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Токтосун Шамбетов маалымдады. Анын айтымында, топтолгондор тосмону кулатып, облустук ички иштер башкармалыгынын короосуна кирип барышты.

Дарзаба талкалангандан кийин ОИИБини милиция кызматкерлери 20 мүнөттөй курчап турган. Бирок элдин жаалы күчөп баратканда Нарынбек Молдоисаев тышка чыгып, арызын жазып, өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдирген. Бирок чогулгандар ага арызды биздин көзүбүзчө жаз деген талап коюшкан.

Нарынбек Молдоисаев элдин талабын аткарганын оозеки билдирип, милиция кызматкерлеринин курчоосунда машинеге түшүп кеткен.

Учурда чогулган эл тарап атат. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, ОИИБини убактылуу Нарынбек Молдоисаевдин орун басары Махабат Жумаев жетектөөдө.

Жүздөн ашуун киши эки күндөн бери облустук милициянын алдында нааразылык акциясын өткөрүп, буга чейинки жетекчи Таалай Нуралиевди кызматтан алууга жол бербейбиз деп турган.

Нарындагы кырдаал боюнча ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” комментарий берди. Анын айтымында, Нарынбек Молдоисаев 2010-жылы Нарын ОИИБинин башчысы кызматынан бошотулгандан кийин да ушундай митинг болгон. Анда чогулгандар "Молдоисаев кызмат ордунан кетпесин” деген талап менен чыгышкан. Эрнис Осмонбаев ОИИБ дарбазасын талкалоого катышы барларга чара көрүлөрүн билдирди.

Нарынбек Молдоисаев Нарындын милициясын 2010-жылга чейин башкарып, кызматынан алынган. Жетекчиликтин бул чечимине макул болбогондуктан ал сотко кайрылган. Жогорку Сот Молдоисаев негизсиз бошотулган деген чечим чыгарган. Ошол чечимдин негизинде Ички иштер министрлиги аны кайрадан мурдагы кызматына дайындоо тууралуу буйрук чыгарып, мурдагы күнү ички иштер министринин орун басары Фурхад Үсөнов облмилициянын өздүк курамын ошол буйрук менен тааныштырган. (Tsh)

Баласында баары жакшы, бачабаздар кайдан чыгат?

Баласында баары жакшы, бачабаздар кайдан чыгат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:03 0:00

Нарын: ОИИБнин тосмосу талкаланды

Ыдыраган ынтымак

Гезиттер Батукаев маселесин кайрадан жазып чыгууда.

Бүгүн жарыкка чыккан “Асман преss” гезити Азизбек Келдибековдун “Саммиттен гамбитке” аттуу макаласы менен жаңы санын ачты. Макалада президент Атамбаевдин Орусия менен АКШ сыяктуу эки дөөнүн ортосунда калган абалы сынга алынды.

Парламенттин кечээги Батукаевге байланыштуу жыйыны Гүлкайыр Эшимова аттуу автордун макаласында сөз болду. Кыргыздын бир катар аткаминерлери Нарындагы түрмөдөн коштоп чыккан бойдон Бишкекке чейин алып келип, самолетко салып жиберген Батукаев эки-үч күндүн ичинде өлбөй-этпей эле Москвадагы эптеп акча таап иштеп жүргөн кыргыздардын шорун кайнатып, салык салып, акчага отургуза баштаганын, Кыргызстанга кылмышкерлердин согушун жарыялаганын депутат Алтынбек Сулайманов айтканын белгиледи.

Ушул эле гезит бай деген өлкөлөрдүн бири Казакстан "Бажы биримдигине бекер кирипбиз, дагы жакшы, өндүрүшүбүз өлтүрбөй кармап турат” деп ыйлап атса, өндүрүшү тургай казынасы бош, жалаң импорт менен жашаган Кыргызстан Бажы биримдигине кирем деп соо башын отко тосуп атканы таңкалычтуу деп жазды.

“Мекен инфо” гезити айрым жарандарга кайрылып, “Байлык деген эмне?” деген суроого жооп алды.

Бишкек шаарынын тургуну Бусурманкул Сейитказиев: –Байлык үчүн абийирин сатышат. Сапарбек Балкыбеков, Кыдыкбек Исаев, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев дегендер элдин эсебинен байыбаган болсо качып кетпей эле арабызда жүрбөйт беле?–деп,

Шаар тургуну Замир Жусупов: –Байлардын үй-бүлөсү “Дордойдон” же Ош базарынан кийинбейт. Аялдарынын бир эле шубасы машинанын кунуна барабар. Уул-кыздары китептин эмес, кийимдин артынан кубалап кетишкен. Калк бүгүн кадимкидей эле бай-кедей болуп эки катмарга бөлүнүп калды. Барып-барып эле мунун арты жакшылыкка алып барбайт,–деп жооп беришти.

“Айат” гезити аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев мындай деп билдирди:

– Көлдүн Жети-Өгүз районунун 3 айылынын ортосунда чыр чыга тургандай абал түзүлүүдө. Кумтөргө кетчү жолдун жабылышына каршы жарандар ал акцияны уюштургандарды “өзүбүз алып түшөбүз” деп жатат. Барскоон, Тамга, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айыл тургундары алардын Барскоондун жайлоолоруна келип конуп алышына жол бербейбиз деп жатат. Биз эки күндөн бери жаштарды тынчытып, ал жакка жолотпой турабыз. Эзелтен берки бир тууган айылдар эми кадимкидей эле согушканы турат. Өкмөт тез арада чара көрүүсү керек.

Депутат Карганбек Самаков Бүткүл дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду уюштурган чоң жыйынга катышуу үчүн Азербайжанга барып келгенин, жыйынга эле катышып тим болбой Карганбек “Манас” эпосунун үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн Азербайжандын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшкөнүн, анткени Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетине мындан ары Азербайжан төрагалык кыларын кабарлады.

“Учур” гезити депутат Равшан Жээнбековдун “Алдыда саясий оппоненттердин көзү тазаланып, журналисттер өлтүрүлгөнү жатат” деген ат менен интервьюсун жарыялады. Депутат Равшан Жээнбеков АКШ базасы пайдадан башка зыян апкелбегенин, жыл сайын 200 млн. доллардын тегерегинде пайда көрүп келатканыбызды, маселен АКШнынын 40 миңге чукул аскер бар эң чоң базасы Жапонияда турарын, мына ушул өлкөдөн Америка 80-жылы аскер базасын чыгарып кетебиз дегенде жапон эли чыгартпайбыз деп митингге чыгып, суранып атып алып калышканын, дүйнөдөгү акылы терең эл өз өлкөсү үчүн пайда апкелип жаткан нерселерди саясатка аралыштырып тээп салбастыгын, ошондуктан АКШ базасын чыгаруу эмес, алып калуу аракетин көрүү керектигин айтты.

Жээнбеков андан ары президент Атамбаев Кыргызстанды Орусияга чөгөлөтүп берди дегенге кошуларын, Кыргызстан Орусиянын марионеткалык бийлиги пайда болгонун кеп кылды. Батукаев маселесине токтолгон Жээнбеков эң чоң коррупция ушул жерде жатканын, депутаттар ушул убакка чейин УКМКдан, ИИМден, Башкы прокуратурадан кайра-кайра суранып атып Батукаевдин кетиши боюнча кылмыш ишин козгото албай келатканын айтып кейиди.

Баса Батукаев маселесинин кечээ бүтпөй калган жыйынын Жогорку Кеңеш бүгүн улантат.

Кумтөргө каршы митинг

"Батукаев иши" Жогорку Кеңеш элегинде

Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдө "жайыл дасторкондун" четинде. (Качан тартылганы белгисиз бул сүрөттү депутаттык комиссия сунуштады.)

Депутаттык комиссия корутундусун угууда Батукаев айыккыс дартка чалдыкпаганы айтылды.

29-майда Жогорку Кеңеш Батукаев боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун уга баштады.

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгып кетиши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын 9 мүчөсү тең корутундуга кол коюшкан. Комиссиянын жетекчиси Болот Шер коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан Батукаевдин "айыккыс оорусу жок" деген бүтүм чыгарган дарыгерлерге ыраазылык билдирип, "мыйзамдагы уурунун" "Манас" аэропортунун VIP залы аркылуу оңой эле өтүп бараткан видеосун көрсөттү.

Криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Азиз Батукаев быйыл 9-апрелде абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бошотуу тууралуу сот чечимине Гематология борборунун ал ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу бүтүмү негиз болгону айтылган. Бирок ушул эле борбордун Нарынга барып, Батукаевден анализ алып келген дарыгери анын аталган ооруга чалдыкпаганын айтууда.

Кызматтан алуу сунушталган аткаминерлер тизмеси

Депутаттык комиссия чыгарган корутундуда премьер-министр 30 күндүн ичинде Коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматтан бошотуу сунушун президентке жөнөтүшү керек деп айтылат.

Ошондой эле өкмөт башчы менен президентке жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди, ички иштер министринин орун басары Фуркат Үсөновду, баш прокурордун орун басары Людмила Усманованы, Гематология институтунун илимий борборунун жетекчи орун басары Макимбетованы, Жаза аткаруу кызматынын башчысынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди, ушул эле кызматтын өкүлү Асановду, Нарындагы Батукаев бошоп кеткен тергөө абагынын жетекчиси Касымалиевди жана анын кызматкери Абылгазиевди, атайын прокурорлор М.Акматалиев менен К.Жуматаевди кызматтан алуу сунушталган.

Ал эми Соттор кеңешине Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовду тезинен кызматтан алуу зарылдыгы айтылган. Жогорудагылардан тышкары, акыйкатчы Турсунбек Акунду да ээлеген кызматынан бошотуу ишин Жогорку Кеңеш тезинен караш керектиги белгиленет.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев талкуу учурунда вице-премьер-министр Шамил Атахановду депутаттардын чечимин күтүп отурбай өз арызы менен кызматтан кетүүгө чакырды.

- Мамлекеттин, улуттун намысын тебелеттиңер. Сиз менен Рысалиев сөзсүз кызматтан кетүүсү керек. Сиз интеллигентсиз, Жогорку Кеңештин чечимин күтүп отурбаңыз. Калганынын баарына кылмыш иши козголуш керек.

Коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов буга мындай жооп кайтарды:

- Мен бир дагы отставкадан коркпойм. Бирок аргументтер болуш керек да. Анткени Батукаевдин соту болгон учурда менин бул кызматка келгениме 15 гана күн болгон.

Мамлекет кылмыш дүйнөсүнө уттурдубу?

Депутаттык комиссия “Батукаевди бошотуу операциясына” катышкан жетекчилердин баарына кылмыш ишин козгоо маселесин кабыргасынан коюуда.

Бир катар дооматтар Азиз Батукаев боюнча чечим чыгарган Нарын шаардык соту Жапар Эрматовдун дарегине айтылды. Комиссиянын аныктап чыкканы боюнча ал Батукаевди бошоткон бир эле сот отурумунда эки башка токтом чыгарып, беренелерде да айырмачылыкка жол берген. Бирок Жапар Эрматов аны мындайча түшүндүрдү:

- Түп нускасы эки бет болгон. Анын көчүрмөсүн чыгаруу үчүн бир бет кылып кыскартканда бир сүйлөмү түшүп калыптыр. Бул жерде токтомдун маңызы өзгөргөн эмес. Ал техникалык гана ката.

Депутаттар жана комиссия мүчөлөрү оор кылмыштар, анын ичнде 2006-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган бир канча мамлекеттик кызматкерлерди өлтүрдү деп соттолгон Батукаевдин боштондукка чыгып кетишин мамлекеттин кылмыш дүйнөсүнө утулушу катары баалап жатат.

Асыресе, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушундай баасын берди:

- Биз кылмыш дүйнөсүнө келишкис согуш жарыяладык. Бирок Батукаевдин чыгып кетиши биз ага багынып бергенибизди айгинеледи. Прокуратура жана башка органдар “биз Батукаевди мыйзам менен чыгардык” деп тынбай айтып жатышат. Бул жалган. Ал “Кыргыз мамлекетинин идеологиясына, мыйзамга каршымын, мен кылмышкерлердин атасымын” деп, өз кылмыштуу иштерин андан ары уланта берди. Аны судья Эрматов өзүнүн токтомунда көрсөтүп жатат. Өтө катуу ооруп калгандарды судья чыгарып жиберсин деп эч бир мыйзамда жазылган эмес.

Баш прокурор: мыйзам бузулганын көрбөй турам

Анткен менен коюлган дооматтарга “Батукаев операциясына” катышты делгендер макул эмес. Баш прокурор Аида Саляновада Азиз Батукаевди бошотууда эч кандай мыйзам бузулбаганын, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү таасын далилдерди келтире алышпаганын эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Мен кимдир-бирөөнүн ишмердүүлүгүнө укуктук баа бергенде сөзсүз мыйзамдын беренелерине таянышым керек. Азыр мен андай мыйзам бузулган беренени көргөн жокмун. Эгер комиссиядагы материалдарды берсеңиздер, биз дагы карап көрөбүз. Бирок азыркы учурда айтылып жаткан маселелер боюнча мыйзам бузууну мен көргөн жокмун.

Талкуу учурунда айрыкча чоң талаш-тартыш “атамекенчи” депутаттар менен жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин ортосунда жүрүп, кез-кез спикер арачы түшүп, аларды токтотууга мажбур болуп жатты. Буга чейин талоончулук маселеси боюнча “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен Рысалиевдин ортосундагы окуяларды жана айыптоолорду эске алганда, бул тирешүү окурмандарга түшүнүктүү болсо керек.

Депутаттык комиссия Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев Нарынга чейин барып, Батукаевди бошотууга баштан-аяк Рысалиевдин көрсөтмөсү менен катышкан, а түгүл “Манас” аэропортуна чейин коштоп келип, узатып жиберген деген тыянак чыгарууда. Бирок башкы түрмөчү Рысалиевдин айтымында, Жаза аткаруу кызматынын соттун мыйзамдуу чечими менен бошотулган адамды кармап калууга акысы болгон эмес. Ал айтылган сөздөрдү четке кагып, кайсы мыйзамды бузганын далилдеп берүүнү депутаттардын талап кылды.

Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулоону бейшемби күнү улантмай болду. Жыйынтыгында парламент Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алышы керек. Ал эми корутунду жалпы палатадан колдоо табабы же жокпу, эртең айгине болмокчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG