Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:29

Кыргызстан

Бийлик жылды кандай аяктады?

Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасын, премьер-министрди жана Жогорку Соттун төрайымын кабыл алды. 30-декабрь, 2014-жыл

30-декабрда президент Алмазбек Атамбаев бийликтин үч бутагынын жетекчилери менен узап бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2015-жылдагы иш-пландарды талкуулады.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду, премьер-министр Жоомарт Оторбаевди жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеваны кабыл алды. Жолугушууда Атамбаев узап бараткан жыл Кыргызстан үчүн оор болгонуна карабай, бийликтин үч бутагы өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кыла алганын баса белгиледи.

Мамлекет башчы жыл жыйынтыгын чыгарган буга чейинки билдирүүлөрүндө Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгып, өнүгүүгө өрүш алды, коррупцияга каршы күрөштө, соттук реформада жылыштар бар экенин айткан.

Өкмөт менен парламенттин "достугу" жана "кастыгы"

Анткен менен айрым саясатчылар жана эксперттер президенттин айткандарына макул эмес. Маселен, мурдагы баш прокурор, коомдук ишмер Кубатбек Байболов узап бараткан жылда бийликтин үч бутагы биригип, көзгө көрүнгүдөй тыңгылыктуу жасай алышкан жок деп сынга алды.

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

- Чечилбеген социалдык көйгөйлөр, баалардын кымбатташы, энергетикадагы кризис сыяктуу эл турмушуна керектүү тармактарды алып карасак, өлкө артка кетти. Бийликтин кайсы бутагын албайлы, бетке кармачу жетишкендиги жок. Эч кандай реформалар жасалган жок.

Байболов кошумчалагандай парламент, өкмөт жана сот Кумтөр сыяктуу чиеленишкен маселелерге келгенде жоопкерчиликтен качып, эриш-аркак иштеше алган жок.

Саясий талдоочу Кубан Абдымен өткөн жыл өлкө үчүн жаман болгон жок деген ойдо. Анын айтымында, бийликтин үч бутагы бирге иштөөгө аракет кылганы менен, парламенттеги айрым саясий оюндар чечим кабыл алууга өз кедергисин тийгизди.

- Бийликтин туруктуулукту камсыз кылганы элге жагып жатат. Ошол эле учурда парламент да өз милдеттерин так аткарганга аракет кылууда. Албетте айрым саясий күчтөр чечимдерди кабыл алууда бут тоскон учурлар болбой койгон жок. Алдыда парламенттин жасай турган иштери көп, бирок убакыт аз калды. Ошондуктан 2015-жылы шайланчу парламент азыркысынан көбүрөөк иштөөгө туура келет.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш быйылкы жылы Кыргызстандын келечеги үчүн өтө маанилүү чечимдерди кабыл алды. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ортого салды. Ошол эле кезде Текебаев Кумтөр сыяктуу көйгөйлөрдүн чечилбей калышына парламенттен мурда өкмөттүн да салымым чоң экенин белгиледи.

- Биринчиден, парламент өз милдетин аткарып жатат. Жогорку Кеңештин алдына милдетти убакыт, тарых жана мыйзам чегинде өкмөт башчысы коет. Быйыл чынында тарыхый чечимдер кабыл алынды. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулду. Саясий чечимди кабыл алууда парламент депутаттарынын салымы чоң болду. Негизинен бийликтин үч бутагынын ишин канааттандырарлык деп бааласа болот. Бирок мындан да жакшы иштөөгө мүмкүнчүлүк бар эле.

Аягы көрүнбөгон сот реформасы

Президент байма-бай айтып келе жаткан сот реформасына төрт жылдан бери чекит коюлбай келет. Ошондой эле Атамбаев башында турган коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатат деп сындагандар арбын.

Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартованын айтымында, соттордун калыс эмес чечимдери, прокуратуранын чабал иштери узап бараткан жылы элдин мыйзам үстөмдүгүнө болгон ишенимине суу септи.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

- Жыл башынан бери коррупция беренеси боюнча шаардык соттун чечими чыккан бир эле иш болду. Бул - Түлеевге козголгон кылмыш иши. Калган иштин баары кызмат абалынан пайдаланды деп, ара жолдо калып жатат. Анын үстүнө бул беренелер жеңил болуп саналат. Ошондуктан чыныгы коррупционерлер жазасыз калып, карапайым адамдар статистика үчүн гана соттолуп жатат.

Атамбаев буга чейин өлкөдөгү Кумтөр сыяктуу олуттуу маселелер боюнча өкмөт менен парламенттин аракетсиздигин сындаган. Ошол эле кезде көз карандысыз эксперттер жана оппозициячыл саясатчылар өкмөт менен парламент толук президенттин көзүн карап калганын айтып, ал үчүн Атамбаевдин өзүн айыптап келишет.

2015-жылы да Кыргызстанды быйылкыдан кем эмес чоң саясий-экономикалык окуялар күтүп турат. Бул кайта эле Чубактын кунундай чубалган Кумтөр чуусу, күздө болчу парламенттик шайлоо сыяктуу окуялар болорун айта кетели.

“Кыргыз чоролорунун” тинтүүсү талаш жаратты

"Кыргыз чоролору" уюмунун жигиттери

Өздөрүн өлкөнүн мекенчил атуулдары санаган “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин Бишкектеги караоке-барлардын бирин тинтүүгө алуусу жана анда тартылган видеотасма коомчулукта бүйүр кызыткан талаштарды жаратты.

Кытайлардын “караокесин” милиция калкалайбы?

"Чоролордун" маалыматында, Бишкектеги "Таатан" базарынын жанында кытай жарандары караоке деген ат менен көмүскө сойкукана иштетип, аны милиция кызматкерлери тымызын калкалап келген. Аталган бирикменин жетекчиси Замир Көчөрбаевдин айтымында, милицияга көмүскө сойкукана тууралуу бир канча ирет маалымат берилген, бирок эч кандай реакция болгон эмес. Ал тартип коргоо органдарына ишенимдин жоктугунан аталган жайды бастырып кирип, өздөрү тинтүүгө мажбур болгонун айтууда.

- Биз мурда жабылган сойкукананын тымызын иштеп жатканы боюнча милицияга билдирсек да эч кимиси келген жок. Анан кытай ишкерлери ал жерден кача баштаганда отуз чакты бала болуп кирип бардык. Ал жерде 22 кыз ар кандай интимдик кызматтарды сунуштайт экен. Арасында 16 жаштагы кыздар да бар экен. Көбү студенттер. Алар орто жашап калган кытайлар менен өбүшүп-жытташып, 700 сомдон акы аларын администратордун дептеринен көрдүк. Кытайлар биз текшерип жатканда “крышабыз” Болот байке деп ИИМдеги кызматкердин атын атап жатышты.

“Кыргыз чоролорунун” мүчөлөрү аталган жайдагы сойкулук менен алектенди делген 22 кызды жана он чакты кытай жаранын милицияга өткөрүп беришкен.

Милиция чет элдик жарандардын мыйзамсыз иштерин калкалайт деген дооматтар айтылып келет.
Милиция чет элдик жарандардын мыйзамсыз иштерин калкалайт деген дооматтар айтылып келет.

Деген менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Кыргыз чоролорунун” мүчөлөрү тараткан маалыматты жокко чыгарууда. Мекеменин маалымат катчысы Олжобай Казабаев аталган жай сойкукана эмес эле, караоке-бар деп ишендирүүдө.

- Эми шаарда андай караокелер жаңы жылга жакын активдүү иштеп жатышат да. Анан эч кандай далил жок туруп жаап койсок, алардын укугун бузган болобуз. Свердлов РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге убагында барган. Бирок териштирүү учурунда чоролордун маалыматтары тастыкталган эмес. Милиция тарабынан кармалган кыздардын жана кытай жарандарынын бармак издери экспертизадан өткөрүлгөн. Болгон окуяда кылмыш курамы жок болгондуктан, алар кайра коё берилген. Аталган караоке мыйзам чегинде эле иштеп келген.

Казабаев көмүскө сойкукана иштеткендиги үчүн соттолгон кытай жарандары кайрадан ишин улантып жатат деген маалыматты да четке какты. Анын айтымында, буга чейин караоке-барды сойкукана катары иштеткен үч кытай жараны бир жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген кытай жарандары көп экендиги айтылып келет. 9-январь, 2013-жыл
Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген кытай жарандары көп экендиги айтылып келет. 9-январь, 2013-жыл

“Кыргыз чоролорунун” жетекчиси Көчөрбаев милициянын маалыматына караманча ишенбейт. Ал кылмыш жообуна тартылды делген кытай жараны дале сойкуканада администратор катары иштеп жатканын ырастоодо.

"Ар ким эле тинтүү жүргүзө бергени мыйзамсыз"

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова “Кыргыз чоролору” көтөрүп чыккан маселе туура, бирок сойкуканаларга кандай чара көрүү боюнча бир да мыйзам жок экенин айтууда. Анын пикиринде, мыйзамсыз иштерге каршы расмий органдар гана иш жүргүзүшү керек, эгер өзүм билемдик улана барсе “Кыргыз чоролору" жеке үйлөргө чейин тинтүү жүргүзбөйт дегенге эч ким кепил болот албайт.

Азиза Абдрасулова
Азиза Абдрасулова

- “Кыргыз чоролорунун” жигиттери, балким чындап эле жакшылык кылгысы келгендир. Бирок жакшы иш жасайбыз деп эле мыйзам буза бербеш керек. Алардын тинтүүгө, текшерүүгө укугу жок. Бул кайрадан эле мамлекеттин, күч органдарынын алсыздыгы. Бизде сойкуканаларга, ошондой иш менен алек болгондорго эч ким тыюу сала албайт. Анткени алардын ишин жөнгө салган бир да мыйзам жок.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси 2010-жылы түзүлгөн жана өздөрүнүн айтымында, жер-жерлерде беш миңге жакын мүчөлөрү бар. Бул бирикме төрт жылдан бери өлкөдөгү мыйзамсыз иш жүргүзгөн чет элдиктерге каршы күрөшүп, коомчулуктун сынына кабылып келет. Чоролор болсо күч органдары менен ортодо түзүлгөн меморандум боюнча мыйзамсыз ишканаларды текшерүүгө укуктуу экенин айтышууда.

Текебаев: Конституция бир гана шартта өзгөртүлөт

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баш мыйзамды өзгөртүү демилгелери жана баш мыйзам кандай шартта өзгөрүшү мүмкүндүгү боюнча суроолорго жооп берди.

- Өмүрбек мырза, сиз 2010-жылы жаңыланып, референдум аркылуу кабыл алынган баш мыйзамдын өзгөртүлгөн долбоорун иштеп чыккан топтун башында тургандардын бирисиз. Ошол долбоор 10 жылга чейин, тагыраагы 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген да жобо кабыл алынганы белгилүү. Бирок көптөн бери аны өзгөртүү демилгелери андан-мындан козголуп келсе, эми президент Атамбаев да айрым беренелерге өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтып чыкты. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө муктаждык барбы?

- Биринчиден, 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө парламентке гана тыюу салынган. А элге референдум аркылуу өзгөртүү киргизүүгө тыюу жок. Бирок референдум жарыялоо өзгөчө татаал, ал парламенттеги бардык саясий күчтөрдүн макулдугу менен болушу мүмкүн. Ошондуктан бир жылдан бери Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сөздөр жүргөнү менен ал ишке ашкан жок.

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынын мен да толук көрдүм. Ошол жерде Ысык-Көлдөн келген бир айылдык депутат: “Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек, анткени биз айыл өкмөттү шайлаганда сатылып кетип жатабыз”, - дегендей ойду айтты. Эми Конституцияны окуганы да, окубаганы да өзгөртүү киргизиш керек деп жатат. Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш депутаттары жөнүндө эч нерсе деталдуу жазылган эмес. Ал Конституция эмес, жөнөкөй мыйзамдар аркылуу аныкталат. Буга баш мыйзамдын эч тиешеси жок. Демек мындай сөздөр Конституцияны билбегенден эле чыгып жатат десек болот.

- Конституция сот реформасына да тоскоол болуп жатканы айтылбадыбы, ал кандай тоскоолдук?

- Сот реформасына тоскоол болуп жатат дегендер президиум киргизиш керек деп жатат. Дүйнөдө президиум деген мындай төртүнчү баскыч жок. Бул мурдагы СССРде болгон, азыр мурдагы советтик өлкөлөрдүн көбү андан баш тартты. Анысы жок деле сот системасы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жакшынакай эле иштеп жатат. Макул, президиумду киргизели, анан ал деле пара алып кирсе, үстүнөн дагы бир орган киргизип, беш баскычтуу кылалы. Бул жанагы курултайчылар президентке да, парламентке да ишеним кетти, алардын үстүнөн курултай институтун киргизели дегендей логика болуп жатат. Мунусуна ишенбейбиз, үстүнөн дагы бир жетекчи коёлу, ага да ишенбейбиз, анын үстүнөн дагы бирөөнү коёлу деген логика менен кеткен туура эмес.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен аткаруу бийлигин бекемдөө керек болсо - ал коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоо максатында гана болушу мүмкүн.

Эми президент менен бул маселе боюнча буга чейин бир канча жолу сөз болгон. Бирок президент маалымат жыйынында өз кооптонууларын жана ага белгилүү болгон маалыматтарды эмнегедир айткан жок. Деген менен кээ бир беренелерди карап чыгуу керектигин айтты. Эмне үчүн? Конституция бул саясий да документ. Аны кабыл алып жатканда Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн каалоосу, саясий пикири ошол жерден орун тапкан. Ал мен каалагандай, же жумушчу топ каалагандай жазылган эмес. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн талабы менен да өзгөртүүлөр киргизилген. Конституция бул юридикалык эле эмес, саясий да документ. Компромисстердин документи, тарыхый документ. Ал белгилүү кырдаалда белгилүү маселелерди чечүү үчүн кабыл алынат. Аны юридикалык гана документ катары кароо – жаңылыштык.

- Анда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгелери чыгышына эмне себеп болуп жатат?

- Эми ага дүйнөдөгү кырдаал себеп болушу мүмкүн. Кээ бир саясий күчтөрдүн, анын ичинде президенттин да келечекке болгон иш мерчеми, көз караштары себеп болушу мүмкүн. Эми президент айткандай, депутаттар январь ичинде бул сунушту ойлонуп көрөбүз.

- Бул демилге ишке ашуусу канчалык реалдуу?

- Эми президент өзү билген маалыматтардын көбүн айткан жок дегендей... Ошол маалыматтар Кыргызстандын коопсуздугуна канчалык байланышканын карап көрөбүз. Эгер референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилчү болсо, бир гана максатта киргизилиш керек - коопсуздук планында гана. Анткени дүйнөдө кандай окуялар болуп жатканын көрүп жатабыз, Жакынкы Чыгышта, башка жактарда... Кыргызстандан, кошуна өлкөлөрдөн Сирияга согушканы баргандар бүтүндөй бир армия болду. Алар көчмөндөрдөй болуп эртең башка жерлерге орун которушу мүмкүн. Дүйнөдө согуштун жаңы түрүн ойлоп, ар кайсы жакта дестабилизация жасап турчу күчтөр бар.

Ошондой шартта бизде да аткаруу бийлигинин ийкемдүүлүгүн карап көрсө болот. Президент андай кырдаалга токтолгон жок. Маселен, бүгүн акимдер айылдык кеңеш депутаттарынын макулдугу менен дайындалып, алардын макулдугу менен алынат. Эртең кокус дестабилизация болуп кетсе, бир район “борборду укпайм” деп турса, өкмөт же ал акимди алалбаса, же ордуна бирөөнү коё албаса... Карапайым эл, жергиликтүү депутаттар ошол жердеги радикал топтордон коркуп, алардын таасиринде калса - бийлик вертикалы бузулат. Бул эми бир гана жагдай.

Президент мындай кооптонуулар, эл аралык коркунучтар жөнүндө оюн айткан жок. Андыктан Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен аткаруу бийлигин бекемдөө керек болсо - ал коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоо максатында гана болушу мүмкүн.

Ош аэропортунан уурдалган адам табылды

Ош шаарында ири суммадагы акча менен алектенгендер маал-маалы менен каракчылардын жеми болуп келишет.

Ошто ири суммадагы акча менен кошо уурдалган адам Араван районунун аймагынан табылды. Бирок уурдалган акчадан азырынча дайын жок. Бул окуя акыркы эки жыл ичинде Ош аэропортунун тегерегинде жүз берген төртүнчү факты болуп калды.

Тергөөдө тонолгон акчанын суммасы 5 млн. 679 миң АКШ доллары экени да ачыкталды.

Бул арада ири суммадагы тоноочулук фактыларынын ачылбай калышы, ачылганда деле акчанын ээлерине кайтарылбагандыгы ишкерлерди кооптондурууда. Азырынча карактоо кылмышына милиция кызматкерлеринин катыштыгы да каралып жатат.

27-декабрда Ошто ири суммадагы акча менен кошо уурдалган адам Араван районунун аймагынан табылды. Маалыматка караганда, уурдалган адам "Асман тур" фирмасынын Руслан аттуу кызматкери болуп чыкты. Аны акчасы менен уурдаган адамдар Араван районунун аймагына таштап кетишкен. Учурда уурдалган адам сурак берип жатат. "Асман тур" нак акчаларды жеткирүү менен алектенген фирма экени айтылууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев:

Жеңиш Ашырбаев.
Жеңиш Ашырбаев.

- Аэропортко кирүүчү жерге, VIP залдын жанына ишкерлер өзүнчө бөлмө жасатып алышкан экен. Ал жердеги видео тасмалар алынып, тергөөгө өткөрүлүп берилди. Бул боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Каракталган акчанын суммасы 5 млн. 969 миң АКШ доллары экендиги аныкталды.

Адистердин айтымында, ири суммадагы накталай акчаны эч кандай салыксыз алып чыгууга биздин өлкөдө жол берилет. Бул үчүн декларация толтурулат. Ал декларация башка өлкөнүн чек арасынан эркин өтүү максатын көздөйт. Муну менен ишкерлер салыктан качуу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салып болсо да, акчаны банк аркылуу которбой баштыкта көтөрүп жүрүшөт. Ош шаарындагы саясат таануучу Абжапар Аккулов муну кыргыз мыйзамдарынын кемчилиги деп эсептейт.

- Салыктан жашырынуу деген болуп эле келген. Адатта акчаны банк аркылуу которгондо ар түрдүү салымдар алынат. Кыргыз мыйзамдарында акчаны өлкөдөн-өлкөгө накталай алып жүрүүгө мыйзам аркылуу укук берилгени менен, экинчи жагынан ал бул тармактагы башаламандыктарга негиз болуп келатканынан кабар берет.

Ош шаары
Ош шаары

Негизи Ош шаарында ири суммадагы акча менен алектенгендер маал-маалы менен каракчылардын жеми болуп келишет. Маселен, мындан үч ай мурун акча алмаштыруу менен алектенген оштук ишкер шоопуру менен кошо Ош-Ноокат жолунда белгисиз адамдар тарабынан атылып, азырга чейин кылмыштын бети ачыла элек. Ош аба майданында күндүз жүз берген карактоодон кийин акча алмаштыруу менен алектенген ишкерлерде кооптонуу күчөгөнүн айтышууда:

- Бул окуя бизди чочутту. Буга чейин деле акча алмаштыруу жайларга кирип келатканда тоноп кеткен убактар болгон. Мисалы, жакында эле бир кесиптешибиздин үйүнө киришип, аялы экөөн тең байлап, 6 млн. сомун тоноп кетишти. Ал дагы табыла элек. 2009-жылы мындай окуяга мен да кабылгам. 60 миң долларды алдырганбыз. Кийин ал кылмышкерлер табылды. Бирок аны соттоду, анан Майлы-Суудагы жиндиканага алпарып, чыгарып жиберишти. Акча кайтарылган эмес. Бул убакка чейин кылмышкер кармалганда күндө деле акча ээсине кайтарылган эмес, -дейт каракчылардын запкысын жеген Самидин Полотов.

Милицияны, сотту реформалоо сыяктуу саясий өнөктүктөргө баа берип жүргөн Абжапар Аккулов аэропорттогу окуяга милициянын катыштыгы бар деген шектенүүнү четке какпайт.

- Бүгүнкү күндө милициянын катыштыгы бар деген ойдон алыс эмесмин. Анткени көчөдөгү эле кишилер же жөнөкөй бандиттер мындай ишти кыла алмак эмес. Бул "операция" ушунчалык дыкат ойлонулуп, мүнөт, секундуна чейин эсептелип, жакшы уюшкандыкта ишке ашырылганы көрүнүп турат.

Коомдук тартипти көзөмөлдөп жаткан Ош милициясы.
Коомдук тартипти көзөмөлдөп жаткан Ош милициясы.

Аэропорттогу карактоо учурунда андагы милиция бөлүмү өз ишинде болгон. Азырынча аэропорттун милиция жетекчиси өз кызматында турат. Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев андагы милиция кызматкерлерине укуктук баа берилерин билдирди.

- Бүгүнкү күндө ошол окуя учурунда аэропорттогу милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракеттерине баа берүү боюнча да кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы тууралуу тергөөнүн соңунда кошумча маалымдайбыз.

Акыркы эки жыл аралыгында Ош аэропортунун тегерегинде ири суммадагы акчаны карактоо төртүнчү ирет жүз берди. Анын биринин гана кылмыштын изи сууй электе бети ачылган. Калган үчөө азырынча ачыла элек. Андан сырткары ушул эле жылда акча алмаштыруу менен алектенген ишкер өз үйүнөн 6 млн. сомун карактатып жиберген жана Ош-Ноокат унаа жолунун боюнча шопуру менен бирге атылып өлтүрүлүп тонолгон акча алмаштыруучу ишкер боюнча да кылмыш иштери ачылбай келет.

Бажы биримдиги: бюджет кирешеси азаябы?

Кыргызстан Бажы биримдигинин жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9 пайызын ала турган болду. Бул республиканын Бажы кызматы буга чейин топтоп келген бажы төлөмдөрүн жаба алабы?

Өткөн жуманын соңунда президент Алмазбек Атамбаев өткөргөн маалымат жыйынында Бажы биримдигинин жалпы бажы төлөмдөрүнөн топтолгон кирешенин 1.9 пайызы 450 млн. долларга барабар болорун билдирди. Демек, Кыргызстандын Бажы кызматы биримдиктин жалпы капчыгына топтогон каражаттан республиканын бюджетине 450 млн. доллар же азыркы курс менен эсептегенде 26 млрд. 550 млн. сом бөлүнөт.

Бул сумма Кыргызстандын Бажы кызматы 2014-жылы топтогон суммадан өтө эле аздык кылат.

Маселен, Бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Бажы кызматы 28 млрд. сомдон ашуун жыйнаганын “Азаттыкка” билдирген:

- Тогуз айдын жыйынтыгы менен 28 млрд. 153 млн. сом акча жыйнап, казынага төктүк. Бизге быйылкы жылы коюлган тапшырма боюнча 42 млрд. 100 млн. сом жыйнашыбыз керек.

42 млрд. сомду азыркы курс менен эсептегенде 700 млн. доллардан ашып кетет. Демек Кыргызстандын бюджети бери дегенде 250 млн. доллар жоготууда.

Бирок өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдө жоготууга учурабай, кайрадан кошумча каражат табат деп, аны мындайча негиздеди:

- Бажы кызматы чек арада бир нече салыктын түрүн жыйнайт. Булар негизинен бажы төлөмү, кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы. Мына ушулардын ичинен бажы төлөмү гана Бажы биримдигинин жалпы казынасына жөнөтүлөт. Жалпысынан санап келгенде бизде 11 млрд. сомдой бажы төлөмү жыйналат. Ушул сумма гана жалпы казынага жөнөтүлөт. Калган акциз жана кошумча нарк салыктары түздөн-түз эле бюджетке түшө берет. Ошондуктан биз Бажы биримдигинен кошумча 17 млрд. сом алабыз. Ошондуктан эч кандай жоготуулар жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

Панкратовдун айтымында, Бажы биримдигине кирүүдө жоготууга учурабай, кайрадан кирешесин көбөйтүү негизги талаптардын бири болгон.

Бирок мурунку каржы министри Акылбек Жапаров Бажы биримдигине кирген өлкөлөр бири-биринен кошумча нарк салыгын албашын эске салат. Демек Казакстан жана Орусиядан Кыргызстанга кирген товарлардан кошумча нарк салыгын алынбайт. Ошондуктан Кыргызстандын бюджетине бажы тармагынан түшкөн киреше кыскарат. Натыйжада жалпы бажыдан түшө турган киреше көбөйбөйт. Ал келерки жылы 2014-жылдын деңгээлинде калат дейт Жапаров:

- Менин эсептерим боюнча, 41 млрд. сом болуп жатат. Анткени күйүүчү майдан алынып жаткан бажы төлөмү менен акциз жоголот. Соода боюнча расмий түрдө биринчи орунда Орусия, анан Казакстан турат. Ошолордон келип аткан товарлардын баарынан кошумча нарк салыгы менен бажы төлөмү алынбай калат.

Акылбек Жапаров Кыргызстан бюджетине түшүп турган дагы бир тобокелчиликти эске салды. Белгилүү болгондой Евразия экономикалык биримдигиндеги экономикасы, тышкы соодасы эң күчтүү өлкө-бул Орусия. Орусиянын болсо батыш менен мамилеси бузулуп, тышкы соодасы азайып баратат. Анын натыйжасында бажы төлөмдөрү да кыскарат. Ошондуктан жалпы Бажы биримдигинен Кыргызстан бюджетине түшө турган киреше дагы кыскарышы күтүлөт.

Кыргызстан кооптуу өлкөлөрдүн катарында

Президенттин айтымында, акыркы жылы өлкөдөгү пикет-митингдердин саны мурдагы жылдарга караганда үч эсеге азайган.

АКШдагы Тынчтык фонду дүйнө жүзүндөгү туруктуулук боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстан 58-орунду ээлеп, туруктуулугу кооптуу делген өлкөлөрдүн катарында турат.

Бийликтер стабилдүүлүктүн жолуна түштүк деп жарыялап жаткан кезде бул жыйынтык эмнеден кабар берет?

АКШдагы Тынчтык фонду жарыялаган рейтингде дүйнөдөгү 178 өлкөдөгү туруктуулуктун деңгээли изилденген. Анда Кыргызстан 58-орунду ээлеп, туруктуулугу кооптуу абалда турган өлкөлөрдүн арасынан орун алды. Бул былтыркыга караганда 10 позицияга жакшырганын билдирет.

Америка Тынчтык фонду бул рейтингди 2005-жылдан бери жарыялап келет. Анда 12 критерийдин негизинде өлкөдөгү туруктуулуктун абалы изилденет. Алар: өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы, экономикалык абал, кылмыштуулук, коррупциянын деңгээли жана башка көрсөткүчтөр.

Бул рейтингдин башында эң туруксуз, мамлекеттик түзүлүшү жок болуп кетчү абалдагы өлкөлөр турса, акыркы орундарды стабилдүү, туруктуу өнүгүү жолундагы мамлекеттер ээлейт.

Быйыл Финляндия 178-орунда, эң стабилдүү өлкө деп табылса, Түштүк Судан, Сомали сыяктуу өлкөлөр жок болуп бараткан мамлекеттер катары аныкталган.

Ал эми Кыргызстан жогоруда айтылгандай, 58-орунду ээлеп, туруктуулугу кооптуу абалдагы өлкөлөрдүн арасынан орун алды.

Атамбаев: Кыргызстан Борбор Азиядагы туруктуу өлкө

Кыргыз бийликтери 2010-жылдагы окуялардан бери өлкө быйыл толугу менен стабилдүүлүк жолуна түштү деп билдирип келүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптада орусиялык “Россия 24” каналына берген маегинде Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң туруктуу өлкө катары сыпаттады:

- Кыргызстан учурда аймактагы эң стабилдүү мамлекет деп ойлойм. Мен туруктуу өлкө болобуз деп бир нече жыл мурун айтсам, айрымдар ишенбей күлүшкөн эле. Бирок учурда биз дал ушундай жыйынтыкка жетиштик. Кантсе да биз эки ыңкылапты башыбыздан өткөрдүк, эки ирет “Араб жазын” ашып өттүк. Биз ушул окуялардан тиешелүү жыйынтык чыгарып, стабилдүүлүккө ээ боло алдык. Акыркы жылдагы эл аралык да, жергиликтүү да иликтөөлөр эң башкы маселелердин бири болгон туруктуулукту камсыздай алганыбызды көрсөтүүдө.

Ош шаарында өткөн митингдердин бири
Ош шаарында өткөн митингдердин бири

Президенттин айтымында, акыркы жылы өлкөдөгү пикет-митингдердин саны мурдагы жылдарга караганда үч эсеге азайган.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков туруктуулукту өлкөдөгү акыркы жылдары аткарылган иштердин жыйынтыгы катары баалап жатат:

- Башка өлкөлөрдөгү “Араб жазы” кандай болгонун көрүп жатабыз. Аларга салыштырмалуу Кыргызстан бул нерседен толук татыктуу өттү. Бүгүн абдан чоң, кооптуу деле маселе жок. Элибиз деле көп нерсени түшүнүп, туруктуулукка умтулуп жатат.

2015: сыноолорго бай жыл

Анткен менен УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков туруктуулук кооптуу абалда турат деген эл аралык иликтөө жыйынтыгына кошулат. Анын айтымында, абал мурдагы жылдарга караганда жакшырганы менен ар кыл коркунучтар сакталып калууда.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Албетте азыркы абал 2005-2010-жылдарга караганда салыштырмалуу жакшырды. Бирок биздеги акыбал Борбор Азия өлкөлөрүнөн жакшы деп айтуу туура эмес болуп калат. Анткени митинг, пикет сыяктуу нааразылык акциялар азайып калганы менен, калктын аң-сезим, түшүнүгүнө абдан оор соккулар болуп жатат. Мындан башка да коркунучтуу жагдайлар бар.

Медетбеков Кыргызстандагы туруктуулукту саясий абал менен тыгыз байланыштырат. Бажы биримдигине кошулуп, 2015-жылы парламенттик шайлоо өтөөрүн эске алганда саясий жашоо кызып, туруктуулукка коркунуч жаратчу ар кыл чакырыктар турат.

- 2015-жылы Кыргызстандын алдында эки ири саясий жараян турат. Биринчиден, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушунун жыйынтыгы, жарандардын баанын өсүшүнө реакциясы кандай болот, эмне деп жооп берет деген суроолор. Экинчиден, парламенттик шайлоо кандай өтөт деген маселе. Эгер бул шайлоолор мыйзам бузуусуз, адилеттүү өтсө, эч нерсе деле болбойт. Шайлоодо мыйзам бузуулар орун алса, туруктуулукка шек туудурушу мүмкүн. Ошондуктан, бийликтер мунун барын анализдеп, туруктуулукту сактоо үчүн аракет көрүшү керек.

АКШнын Тынчтык фонду жарыялаган рейтингде Кыргызстандын коңшулары Өзбекстан жана Тажикстан дагы туруктуулугу кооптуу өлкөлөрдүн арасында 48 жана 55-орунду ээлеген. Ал эми Казакстан болсо 111-орунду ээлеп, туруктуулукка анча коркунуч туулбаган өлкөлөрдүн катарында.

АКШ президенти Ооганстандагы согуштук миссия аяктоосун кубаттады

Ооганстанда согуштук миссия аяктап жатканына байланыштуу эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн желегин түшүрүү жөрөлгөсү Кабулда 8-декабрда өткөрүлгөн.

Барак Обама өз билдирүүсүндө белгилегендей, Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак согуш жоопкерчилик менен жыйынтыкталды.

Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Улуттар уюму мандат берген согуштук операциясынын расмий аякташына арналган салтанат Кабулда кечээ өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө АКШ жана НАТО аскерлеринин колбашчысы, америкалык генерал Жон Кэмпбелл (John F. Campbell) ооган күчтөрүн колдоо боюнча жаңы миссиянын желегин көтөрдү.

2015-жылдын 1-январынан тарта “Чечкиндүү колдоо” деп аталган жаңы миссияда негизги көңүл ооган күчтөрүн машыктырууга жана колдоого бурулмакчы.

Ага 13,500 чет элдик аскер тартылат. Алардын басымдуу бөлүгү америкалыктар.

Ооганстанда чет элдик күчтөр эң көп болгон учур - 2010-жылы АКШ жана НАТО аскерлеринин саны 140 миңге чейин жеткен.

АКШ аскерлери Ооганстандагы уруштарга 2001-жылдан бери тартылып келди.

Алар бул өлкөнүн аймагына 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин киргизилип, натыйжада Талибан режими бийликтен кулатылган. (UE)

Оштун аба майданында адам уурдалды

Ош аэропорту.

Ош аба майданынан бир адамдын жана акчанын уурдалышы боюнча милиция иликтөө ишин баштады.

27-декабрда артында "спецназ" деген жазуусу бар кара кийимчен, курал көтөргөн беш адам Ош-Үрүмчү аба каттамына жүктөрдү даярдап жаткандарды сабап, алардын бирин уурдап кетишкен.

Белгисиз адамдардын колунда Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана видео камералары болгонун, алар "Тойота-Эстима" үлгүсүндөгү унаа менен изин жашырганы айтылууда. Окуя боюнча азырынча көп маалыматтар так эмес.

Окуя 27-декабрда болжол менен саат 10 чамасында Ош эл аралык аэропортундагы сыйлуу конокторду тосуучу VIP залынын жанындагы коммерциялык кабинетте болгон.

Текшерип өткөрүүчү пунктундагы Ош-Үрүмчү аба каттамына жүктөрдү даярдап жаткан учурда белгисиз беш адам кирип келген. Төртөө артында "спецназ" деген жазуусу бар кара кийимчен болгон. Алар бөлмөдөгүлөргө Калашников автоматын жана Макаров тапанчасын кезеп, баштыктагы акчаны жана бир адамды уурдап кетишкен.

Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев:

- Куралчан адамдар ал жерге “биз атайын операция жүргүзүп жатабыз” деп киришкен. Автоматтарды ошол жердеги ишкерлерге такап, “жаткыла” дешкен. Коркутуу менен төрт-беш баштык акчаны, анын ээлеринин бирин барымтага алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, кылмышка шектүүлөр Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаада болушкан. Азыр кылмышкерлерди кармоо аракеттери жүрүп жатат.

Милиция аталган машинанын номери D 0118 экендигин, бирок бул номер жалган болушу мүмкүндүгүн, ошентсе да ушундай унааны көргөндөр болсо милицияга билдирип коюуну өтүнүүдө.

Учурда күч түзүмдөрү жарандарга келтирилген чыгымды, акчанын болжолдуу ээсинин кайда экендигин аныктоо жана кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүүдө. Окуя боюнча күбөлөр суралып жатат. "Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыр тарткандар жок. Акчасын уурдатып жибергендердин улуту да аныктала элек", - деди Ашырбаев.

- Ишкерлердин арасында ар улуттун өкүлдөрү бар. Кыргыз ишкерлеринин Үрүмчүдөн товар алып келе турган акчасы экен. Алар акчаны топтоп, бир ишкерге санап, аны декларациядан өткөрүп жаткан учурда ушундай окуя болуп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам азырынча биз ишкерлерди да, фирмалардын аталыштарын да айта албайбыз. Муну менен катар Ош эл аралык аэропортундагы милиция кызматкерлеринин аракеттерине баа берүү боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Өзүбүз күбө болгондой, VIP залдын эки тарабында тең милиция бөлүмчөсү жайгашкан. Азырынча Ош эл аралык аэропортунун милиция бөлүмү жана аба майдандын жетекчилиги окуя боюнча комментарий бере элек.

Учурда аэропорттогу каттамдар ыргактуу эле жүрүп жатат. Мындагы жүргүнчүлөрдүн деле окуядан эч кабары жок экен. Атын атагысы келбеген аба майдандын кызматкери көргөн-билгендерин мындайча айтып берди:

- Бир-эки адамдын кыйкырганын уктук. “Эмне болуп кетти?" десек, “Акчаны уурдап кетишти, алар спецназ” экен деп калышты. Биз аларды көргөн деле жокпуз. Аэропортто учуп аткан адамдар, жүргүнчүлөр эч нерсени билбей калышты. Ызы-чуу деле болгон жок. Алар ошо VIP залдын жанындагы бир бөлмөнүн ичинде кылгылыкты кылып, анан качып кетишиптир. Алар алгач атайын кызматтанбыз деп, документтерин көргөзүп киришкен. Тиги постто тургандар ошон үчүн ичкери коё беришкен экен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, уурдалган адамдын колундагы беш баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгону тергөөдө маалым болду.

- Учурда иликтөө иштери уланып атат, азырынча шектүүлөр кармала элек. Каракчылардын биринин фотороботу түзүлүп, жаш курагы 30-35терде экени болжолдонууда. Ушул адам бир колуна Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны, экинчи колуна видеокамера кармап: «идет спецоперация, работает спецназ, всем лицом вниз» деп кыйкырган. Жашы болжол менен 30-35 жашта, азиат. Ошол учурда көз айнекчен болгон. Бирок, көз айнекти иликтөөнү татаалдантуу үчүн тагынып алышы мүмкүн. Калган төртөө кылмыш учурунда кара беткап менен болушкан”,- деди Сыдыков.

Бул Ош аэропортундагы алгачкы тоноочулук иш эмес. Буга чейин ага жакын жерде ири суммадагы акча тонолуп кеткен болчу​.

Чек арадагы үйлөрдү өрттөө дагы кайталанды

Жайлоодогу өрттөлгөн үй. 26-декабрь, 2014-жыл.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Кара-Булак жайлоосунда тогуз үй жана эки короо өрттөлдү.

Учурда чыгымдарды баалоо боюнча топ түзүлүп, атайын органдар кылмышты териштирүү иши башталганын билдиришти.

17-25-декабрда Кара-Булак айыл аймагынан 50 чакырымдай алыстагы жайлоодо тогуз үйдүн жана эки короонун өрттөлгөнү маалым болду. Бул аймактагы жайлоону пайдаланган Бужун айылынын тургундары октябрь айында эле кыштоого түшүп кетишкен.

Жайлоо Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип, өрттөлгөн короолордон 500 метр ары жакта тажикстандыктарга тиешелүү да үй-жайлар болгон. Бирок кошуналар тараптан эч бир үй жабыркаган эмес.

Өрттөлгөн үйлөрдүн бири
Өрттөлгөн үйлөрдүн бири

Үй-жайы өрттөлгөн Мансур Тиллабаев азырынча кимдир бирөөнү күнөөлүү деп айткандан алыс экенин, бирок күч кызматтары бул иштин бетин ачып, чыгымдарды калыбына келтирип беришпесе кыйын эле болорун айтты:

- Биз жыл сайын эрте жазда жайлоого үй-бүлөбүз менен барып жашай турган конушубуз эле. Эрте жазда жаан-чачын көп болот. Эми биз кайсыл жерде баш калкалайбыз? Өзүнөн өзү өрттөнүп кеткидей ал жерде электр зымы жок. Тажикстан чек арасына өтө жакын жерде турабыз. Кээ бир өрттөлгөн үйлөрдөн ары бассаң, Тажикстандын аймагына кирип кетесиң. Чек арага жакын жердеги тажик тараптын үйлөрү күйгөн эмес. Бизге ушул иштин бетин ачып, чыгымды төлөп беришпесе, биз ал үйлөрдү кантип калыбына келтиребиз? Баары такыр жараксыз болуп калган. Кайрадан куруу керек.

Өрттөлгөн үйлөрдүн бири
Өрттөлгөн үйлөрдүн бири

Окуя болгон жер Тажикстандын Ворух анклавына жакын болгондуктан малчылар бир нече чек арачыларды коюп берүүнү өтүнүшкөн. "Эгер чек арачылардын көзөмөлүндө болгондо мындай окуя болмок эмес" деп кошумчалайт Мансур Тиллабаев.

- Жыл сайын эле ушинтип кыштоого келе берчүбүз. Кадимкидей эле тура берчү. Быйыл эле ушундай болуп жатат. Жыл башындагы жаңжал болгондо биз ошол аймакка чек арачыларды коюп бергиле деп кайрылганбыз. "Жетишпей жатат" деп жооп кылышкан. Эгер чек арачылар болгондо андай иш болмок эмес.

Атайын органдар кылмышты териштирүү иши башталганын билдиришти
Атайын органдар кылмышты териштирүү иши башталганын билдиришти

Окуя боюнча азырынча алдын ала иликтөө иштери башталып, жабырлануучулар Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Өрт өчүрүү кызматынан, милициядан атайын топ өрттөлгөн үйлөрдөн кабар алып келишкен. Экспертизалык топ түзүлүп, чыгымды баалоо үчүн адистер да ишти баштады дейт облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова:

- Белгисиз кишилер өрттөгөн үйлөр боюнча тергөө тобу иштеп жатат. Жабырлануучулар арыз менен кайрылышты. Азыр тийиштүү документтер жыйналып жатат. Чыгымды аныктоо үчүн атайын экспертизалык, көз карандысыз баалоо комиссиясы да түзүлдү.

Жабырлануучулар болсо бул окуядан келтирилген зыян 1 млн. сомдун айланасында экенин айтышат.

Жыл башындагы эки өлкө чек арачыларынын курал колдонгон кагылышуусунан кийин апрель айында ушул эле Ворух анклавына чектеш Тамдык жайлоосунда Ак-Сай айылынын тургундарына тиешелүү 15 үй өрттөлгөн болчу.

Бул окуя боюнча да атайын топ түзүлүп, Кыргызстан жана Тажикстандын милициясынын биргелешкен тергөө тобу түзүлгөн. Азырынча кылмыштын бети ачыла электигин айтат Дамира Юсупова:

- Бул окуя болгон аймак тоолуу жерде болгонунан маалымат топтоо кыйын болуп жатат. Азыр да тергөө амалдары жүрүүдө. Бирок кылмыштын бети ачыла элек. Биздин кызматкерлер иштеп жатышат.

Жергиликтүү бийликтен жакын арада окуя орун алган аймакты чек арачылардын толук көзөмөлүнө алуусу боюнча сунуштар жөнөтүлөрүн билдиришүүдө.

Салянованы ээрден оодарууга кимдер кызыкдар?

Аида Салянова.

7-апрель окуясына байланышкан айрым коомдук уюмдар президентке башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан кетирбөө талабын айтып чыгышты.

Башкы прокурорду колдогондор коррупция менен күрөштө ал өтө көп душман топтогонун айтып, мына ошол күчтөр тарабынан анын ысымын каралоо аракети жүрүп жатат деп мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту.

Бирок 27-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында баш прокурор кызматтан кетпегенин, эмгек өргүүдө жүргөнүн айтты.

Салянованы кыртышы сүйбөгөндөр кимдер?

26-декабрда өздөрүн 2010-жылдагы 7-апрель ыңкылабынын баатырлары деп атаган бир катар коомдук активисттер тобу башкы прокурор Аида Салянованын кызыкчылыгын коргоп, жыйын өткөрүштү. Буга соңку мезгилде Салянованын кыска эмгек өргүүсүн алганы жана андан ары кызматынан кетери тууралуу маалыматтын тарашы негиз болгон. Апрелчилер соңку мезгилде Аида Салянованы каралоо аркылуу аны кызматынан кетүүгө мажбурлаган күчтөр бар деп болжолдошууда.

“Элдик сакчы” кошуунунун төрагасы Алга Кылычев бул боюнча мына буларга токтолду:

- Коррупция менен күрөшүү абдан оор. Бирок биздин Аида Жеңишбековна анча-мынча эркектерге караганда түзүк иштеди. Көптөгөн киттер менен крокодилдерди отургузду. Ошону менен ал өзүнө душман топтоп алды. Тарыхта коррупцияга каршы азыркыдай күрөш болгон эмес. Азыр анын душмандары шампан иче баштады. Биз Апрель баатырлары Аида Жеңишбекованы колдойбуз.

Ошол эле кезде өздөрүн ыңкылапчыл күчтөр катары сыпаттаган адамдардын тобу учурда башкы прокурордун ордун бошотуу аракети жүрүп жатат деген божомолдойт. Анткени Аида Салянова козготкон чуулгандуу ири кылмыш иштери тергелип бүтүп, сотко жетип калган экен.

“Патриот” элдик кошууну деген уюмдун төрагасы Тариел Искаков Салянованын ордун тартып алгысы келгендер тууралуу такталбаган маалыматын жарыялады:

- Биздин маалымат боюнча прокуратурада эле үч-төрт киши бар экен. Аларды ачык айта албайбыз. Бирок ким келбесин азыркы иштердин бетин жаба турган бирөө болот. Жабат, анан ал да кетет. Саясий талааны карасак, бир-эки резонанстуу иштер бар. Ошону жабуу үчүн Салянованы кетирүүгө кызыкдар күчтөр бар.

Апрелчилердин айтымында, өлкөдөгү коррупциялык ызы-чууга байланышкан мына ошол кылмыш иштерин кыскартууга, жабууга же аны токтотуп турууга кызыкдар күчтөр жетиштүү экен. Ыңкылапчылар мына ошол аты-жыты белгисиз көмүскө күчтөр бир эле оппозицияда эмес, парламентте, өкмөттө жана укук коргоо органдарында деп шекшишет. Маалымат жыйынында Аида Саляновага дагы бир аз мүмкүнчүлүк берип, аны жогорку мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү.

Баш прокурорго байланышкан чуу саясий шоубу?

Ошол эле кезде коомчулукта башкы прокурор Аида Салянова акыйкаттыктын коргоочусу жана калыс жетекчи катары өзүн көрсөтпөстөн, көпчүлүк учурда прокуратура органын саясий союлу катары колдонду деген пикирлер да жок эмес.

“Ата-Журт - Республика” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев апрелчилердин жүйөсүн кезектеги саясий шоу катары мүнөздөдү:

- Козгогон кылмыш иштери туура болдубу, же туура эмес болдубу ага убакыт берет. Азыр бул тууралуу айта албайм. Жанагы ордун тартып алууга кызыкдар күчтөр бар дегенге деле ишенбейм. Башкы прокурордо бардык мүмкүнчүлүктөр бар, эч кимден коркпош керек. Жогорку Кеңеште да аны колдогондор отурат. Президент өзү колдоп атат. Мен муну жөн гана эки жактын оюну деп ойлойм.

Саясий чөйрөдө Аида Салянова учурда мына ушундай моралдык колдоого муктажбы деген суроо кабыргасынан коюлууда. Анткени анын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу расмий жана такталган маалыматтар азырынча жарыялана элек.

Атамбаев: Салянова эс алууга уруксат сурады...

Бирок 27-декабрда президент жыл жыйынтыгы боюнча жыйын өткөргөндө баш прокурор Аида Салянова кызматын тапшыруу тууралуу арыз жазбаганы маалым болду. Президент Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп берип жатып баш прокурорду кыйла мактап өттү, алтүгүл эмки президент Саляновадай болсо деген тилеги бар экенин ачыктады:

- Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтып коеюн, буга чейин арыз жазган учуру болгон. Аны түшүнсө болот, жумушу абдан оор, найзанын учунда жүрөт. Эс алууга уруксат сурады, мен уруксат бердим. Прокурор ким болсо деле мен президент болуп турганда коррупцияга каршы күрөш токтобойт. Канчалаган журналисттер Салянованы каралап, жамандап жазып жатат. Аны деле билесиңер.

25-декабрь күнү бир катар маалымат агенттиктери башкы прокурор Аида Салянова кыска мөөнөткө өргүү алып, ошондон ары кызматынан кетүүгө арыз жазганы тууралуу маалымат таратышкан. Бирок расмий булактар аны жокко чыгарып, баш прокурор айым эмгек өргүүсүнөн кийин кайтып келерин билдиришкен.

Ошто жумуш убада кылган шылуундар пайда болду

Шылуундар ишке орноштурарын базарларда радио түйүндөн жарыя кылып атышат. Ош шаары. 2012-жыл.

Өзгөн районунун онго жакын тургуну Норвегияга ишке орноштурабыз деген адамдарга жүз миңден ашуун акчасын тарттырып жибергенин айтып чыгышты.

"Азаттыкка" Өзгөн районунун Садыкжан Арипов аттуу тургуну кайрылып, өздөрүн Оштогу миграция башкармалыгы менен кызматташабыз деп тааныштырган адамдар ондогон жарандын паспорту менен кошо 2 миң доллардан акчасын жыйнап кеткенден бери дайынсыз экенин айтты:

- Эки өзбек, бир кыргыз бала "сиздерди окутуп, анан Норвегияга жиберебиз" дешти. Ошто жолуктук, акчаны бердик, ошондон бери акча да жок, паспорт да жок. Андан бери кырк күн болду. Телефондоруна чалсак, мындай номур жок деп атат. Алардын өз ысымы башка экен. Бизга бөлөкчө айткан эле.

Садыкжан Арипов бейтааныш кишилерге алдангандан бери бир айдан ашык убакыт өтсө да, окуя тууралуу милицияга кайрыла элек. Ал муну акчаны кимге бергенин анык билбегендиги менен түшүндүрдү.

Өзгөндө болгон бул окуя Ош шаардык миграция башкармалыгынын кызматкерлерине жаңылык эмес. Анткени Ош шаардык миграция башкармалыгынын атын саткан шылуундар мекеменин да шаштысын кетирип жатыптыр. Мекеме кызматкерлеринин бири элди чет өлкөгө ишке чакырган алдамчылык ачык эле базарларда ишке ашып жатканын айтты:

- Миграция башкармалыгынын имаратына киримиш болуп "азыр документтериңерди тапшырып чыктым" деп алдайт экен. Алар түз эле базарларда радио түйүндөн жарыя кылып атышат. Базардан куусаң, машине базарга барышат. Түшкө чейин эркек киши болсо, түштөн кийин аял киши пайда болуп калат.

Ош шаардык миграция башкармалыгынын башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөгө ишке жайгаштыруу убадасы менен элди алдаган шылуун уюмдардын бири жакында эле Оштун базарынан кармалганын билдирди:

- Биз менен кызматташкан өлкөлөрдө ишке кабыл алууда курактык чектөө бар. Мисалы 39 жашка чейин деген. Бул шылуундар болсо 40-50 жаш болсо да боло берет деп элди алдашат экен. Ошондо да Миграция кызматы менен биргеликте иштешип жатабыз деп биздин атыбызды сатышат. Укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштуруп, жакында эле ошондой шылуундар тобун кармаганбыз.

Бактыбек Кудайбердиевдин айтымында, облустагы Миграция башкармалыгы учурда Европа өлкөлөрү менен элди ишке жайгаштыруу багытында кызматташпайт.

- Биздин Ош шаардык миграция кызматы расмий түрдө Орусия, Казакстан, Дубай, Түркия, Түштүк Корея менен гана ишке жайгаштыруу багытында иштешебиз. Жакында Катар менен кызматташып калышыбыз мүмкүн. Ал эми Европа өлкөлөрү менен элди ишке жайгаштыруу багытында байланышыбыз жок. Ошондуктан Норвегияга ишке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу бизде маалымат жок.

Шылуундардын курмандыгына айланган өзгөндүк Садыкжан Арипов бейтааныш адамдарга акча берерде алардын документтерине кызыккан эмес. Мындан улам Ош шаардык миграция башкармалыгы чет өлкөдөн жумуш сунуштагандарга ишенүүдөн мурда шаардагы Миграция башкармалыгынан кеңеш алуу зарылдыгын эскертишти.

Атамбаев: бир аймакка электр арзан болсун деген талапка кошулбайм

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында. 27-декабрь, 2014-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Чынчыл акын чын дүйнөгө кете берди

Акын Тургунбек Бекболотов.

Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбек Бекболотовдун сөөгү бүгүн кичи мекенинде жерге берилди. Адабиятка кечигип келип, бирок аз жыл аралыгында поэзия күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө татыган акын 66 жаш курагында оорудан улам 23-декабрда дүйнө салган.

Тургунбек Бекболотов акыркы жылдарда адабий чөйрөгө өзүнө гана таандык мекенчилдик үнү, ыр куроо стили менен келген акын катары таанылган. Ал өз ырларында бүгүнкү күндүн күрөө тамырын тыңшап, адилетсиздикке күйүп-жанып, элдин, жердин тагдырына кабатырланып келди. Мисалы, мекенчилдик темасында жазган “Ата-Журт” аттуу ырында:

Уурдатып убадага жылдарыңды,

Ата Журт, билем, ооруп турганыңды.

Жан тартып жакшы сөздү айтамын деп,

Жараңдын оозун кайра тырмадымбы?

Көбөйүп көкүрөгү бечелдериң,

Кертилип кете берер бекен жериң?

Мезгилдин кан тамырын кармай албай,

Мертинтип алабызбы мекен белин?

Ата Журт, дарт-арманың ичиңдеби?

Үмүттүн оңой эмес үзүлмөгү.

Кылымдын көчү кайда бара жатат,

Тагдырлар устаранын мизиндеби? - деп күрсүнүп, ааламдаштыруу мезгилинде ишенимсиз башкаруучулардын колунда турган Кыргызстандын кейиштүү элесин көз алдыга тартты.

Мекенчил болуп төрөлгөн акын

Акындын калемдештеринин бири Жыргалбек Касаболотовдун айтымында, эгемендик жылдарда мекенчилдик темасында жазган акындар көп эле болду. Бирок Бекболотов алардын арасынан өз ырына калп айта албаганы менен өзгөчөлөнөт:

- Жарандык поэзия өзү негизи Кыргызстан эгемендик алардын алдында эле башталган. Анын башында Шайлообек Дүйшеев сыяктуу чоң акындар турган. Ал азыр деле өнүгүп келатат. Бирок жалпы жонунан аны ийине жеткирип жазган акындар аз. Учурда бул теманы тандап алган акындар көп. Бирок Тургунбек Бекболотов өңдөнүп ар бир адамдын жүрөгүнө жеткирип, ошол эле учурда жазып жаткан сабын чын дилинен айта билгендер аз. Бекболотовдун өзгөчөлүгү ырларына калп айта албаганында.

Касаболотовдун баамында, Тургунбек Бекболотовдун атуулдук поэзиясы эмоцияга чулганганы менен ал жерде жасалма ураан, жалган пафос жок. Акындын ырлары көркөмдүк-мазмундук жактан ийленип, саптары күтүлбөгөн жерден уйкашып, жүрөк түпкүрүнөн фонтандай атылып чыкканы байкалып турат.

Эртелеп атак-даңкка умтулбаган устат

Маркум акын өмүр бою Таластын Кара-Буура районунда жашап өттү. Ал 1985-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Кара-Буура кабарлары” гезитинин башкы редактору болуп иштеп келген.

Бала кезинен акынды чыгармачылыктагы устаты катары тутунуп келген журналист Мелис Айдаркуловдун айтымында, Бекболотов табиятынан элетти сүйгөн, жерге жакын адам эле. Ал ошондуктан Ата Журтка болгон сүйүүсүн таамай ырдай алган:

- Тукем экөөбүз Киров райондук «Октябрь таңы» гезитинде кабарчы болуп чогуу иштедик. Онунчу классты бүтүп-бүтө элегимде редакцияда иштеп калган сары ооз балапан элем, ушул Түкөмдүн, Элүүбай Отунчиевдин кеп-кеңештери, жардамы менен калем төшөлттүм. «Жакшы ырларды жазып жүрөсүң. Кабарды да ошондой эргүү менен саз жаз», - дечү Түкөм. Кийинки жылы мени аскерге алып кетишти. Ал жакта жүрүп да ыр жазам. Жазганымды жазгандай Түкөмө жөнөтөм. «Алыкулду оку... Сенин стилиң Омор Султановдукуна окшош, аны оку. Рамистей кыялкечтигиң да бар, өсөм десең аны да оку. Дегиси эле көп оку. Дүйнөлүк адабиятты, орустун мыкты акындарын оку. Бир нерсени чүргөй салып, ыр жаздым дебей өзүңө талапты катуу койгонго үйрөн. Эрте даңкка умтулба...» - деп Түкөң мага жооп жазат... Көрүшкөн сайын бир туугандардай жылуу учурашчу элек. Мүнөзү, жашоо образы, сүйлөө манерасы, деги койчу бүт турпаты, жан дүйнөсү менен элеттик адам эле. Сөздүн чыныгы маанисинде ДЫЙКАН эле...

Мелис Айдаркулов Тургунбек Бекболотовду акындыктан сырткары өз кесибине абийир менен мамиле кылган журналист катары да белгилеп өттү. “Маселен кезинде ал жергиликтүү жана борбордук бийликтин кемчиликтерин бетине айтып, анысы үчүн бир нече жолу жумушунан айрылып, кайра ишке алынган учурлары болгон”, - дейт акындын шакирти.

Тургунбекти акын кылган он алты жыл

Маркумдун калемдеши Карбалас Бакиров болсо Бекболотовду поэзияга чоң урмат жана чоң жоопкерчилик менен киришкен, өтө сергек жана абийирдүү акын катары бааларын айтат:

- Бул болорун болгондой жазып өттү. Анын чыгармаларынан азыркы турмуштун сүрөтүн көрсөк болот. Кыргыздын эгемендиктеги тарыхы анын ырларында жатат. Бул жагынан мен Бекболотовду орустун Некрасовуна салыштырам.

Бакиров ошол эле учурда мекенчил акын поэзияга кечирээк келгенин, бирок аз жыл аралыгында намыскөйлүк менен эмгектенип, чыгармачылыктын жогорку деңгээлине көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Акын Тургунбек Бекболотов 1948-жылы 12-декабрда азыркы Кара-Буура районунун Ак-Жар айылында төрөлгөн. 1997-жылы элүү жашка жакын калганда “Көз караш” аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен адабий чөйрөгө таанылган. 1999-жылы “Чарчаган кылым”, 2003-жылы “Муздак тамчылар”, 2007-жылы “Кечиккен ырлар”, 2008-жылы “Махабат - бүтпөс дастаным” аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. “Муздак тамчылар” ыр жыйнагы үчүн Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыгын алган.

"Аяз ата, апакемди ала кел..."

"Аяз ата, апакемди ала кел..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Санкт-Петербург жашоомду өзгөрттү

Мен 28 жаштамын. Беш жылдан бери Санкт-Петербург шаарында жашап, иштейм.

Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин байкелерим менен иштей баштадым. Башында автоунаа жана анын тетиктерин сатчубуз. Кийин ишибиз жүрүшпөй калды. 2009-жылы акча тапканы Орусияга сапар тарттым.

Санкт-Петербургга келерим менен ачкыч жасаганды үйрөндүм. Орусиялыктар квартира же үйүнө кириш үчүн, төрт-беш эшикти ачышат. Андыктан бул кесип аларда керектүү.

Атам уста болгондуктан жаштайыман темир менен иштеп көнгөм. Ошол себептүү ачкыч жасоо мага кыйынга турбады.

Санкт-Петербургга келерим менен жашоомдо бурулуш болду десем болот. Башка өлкө, чочун адамдар, жаңы достор. Алыста жашаган кезде мекениңе, ата-энеңе, туугандарыңа, дегеле жашоого болгон көз карашың түп-тамырынан өзгөрөт экен. Көптөгөн адамдар менен тааныштым. Бул жакка келип, туура кылган экем деп ойлойм. Жумушум бар, орус жарандыгын алгам, жашаганга үй бар.

Ушу тапта мени менен бир бөлмөдө дагы төрт киши жашайт. Жумасына саат 9дан түнкү 11ге чейин эки күн, саат 10дон кечки 9га чейин үч күн иштейм. Кээде чогуу иштегендер суранып калса, дем алышта да чыкканга туура келет. Жумуш мындайдан карасаң оор деле эмес, заказды убагында аткарып, жумушта мүчүлүштүк кетирбөө керек. Буга кошумча тил табыша билүү зарыл, кантсе да кардарлар ар кандай болот эмеспи.

Өз мекендештерим келсе ачкычты арзан, кээде бекер эле жасап берем.

Бош күндөрү үйдө болом же достор менен жолугам. Адатта чогула калсак “Ала-Тоо” аттуу кыргыз кафесине барабыз. Бул жердин тамагы жакшы, баасы да чөнтөктү кагып алчудай эмес. Дал ушул кафеде Питерге гастролдоп келген кыргыз ырчыларынын концерти өтүп турат.

Мен жашаган үй менен жумуштун ортосу он мүнөттүк жол. Күн сайын 8.20да турам. 8.50дө үйдөн чыгып, андан ары маршруткага түшөм. Жумуш убактысы 14 саатка созулат. Бул убакыт ичинде мен достор менен сүйлөшкөнгө да, Кыргызстандагы жаңылыктарды окуганга да үлгүрөм. 23.00дө жумуш бүтөт, 23.10до үйдө болом. Түн ортосунда уйкуга баш урам.

Ачкычты кымбат жасайбыз, эң арзаны 140 рубль турса, кымбаты 2-3 миңге чейин чыгат. Мындан башка сааттын жана брелоктун батарейкаларын 200-600 рублга которобуз.

Ниязбек Абдразаков

Азия өлкөлөрү цунами курмандыктарын эскеришти

Азия өлкөлөрү цунами курмандыктарын эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Немистер Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө кызыгат

Болот Отунбаев.

Германия саясий жана экономикалык жактан алганда Европадагы эң күчтүү өлкө. Андыктан Берлин менен кызматташууга көп маани берилет.

Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Болот Отунбаев "Азаттык" менен маекте өлкөнүн Орусия баштаган Бажы биримдигине кирүү планын немистердин бир катар саясатчылары түшүнүү менен кабыл алышат деп айтты.

"Азаттык": Кыргызстандын Европа биримдигинин эң ири экономикасы болуп эсептелген Германия менен жалпы мамилелери кандай өнүгүп жатат?

Болот Отунбаев: Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ. Дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдын 3-октябрынан бери эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча аракеттер ийгиликтүү жүргүзүлүп келатат. Ар кайсы тармактардагы кызматташуу боюнча 100дөн ашуун келишимдерге кол коюлган. Германия саясий жана экономикалык жактан алганда Европадагы эң күчтүү өлкө, дүйнөдөгү сахнада кадыр-барктуу мамлекеттердин катарына кирет.

Кыргызстанда 2010-жылдан кийин болуп өткөн саясий өзгөрүүлөрдөн кийин Германия бизге кызыгуу менен карап, жардам берип келатат. Кыргызстан менен Германия Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын алкагында кызматташат. 2007-жылы Германия Евробиримдикте төрага болуп турган кезде ошол стратегия кабыл алынган.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, 11-декабрь, 2012-жыл
Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, 11-декабрь, 2012-жыл

"Азаттык": Саясий кызматташуу каалагандай деңгээлде жүрүүдөбү? Сиз буга чейин канцлер Ангела Меркел шайлоону жеңсе, Кыргызстанга барам деп президент Алмазбек Атамбаевге 2012-жылы убада бергенин айттыңыз эле. Меркел кайрадан канцлер болуп шайланды. Анын Бишкекке визити тууралуу сөз боло элекпи?

Болот Отунбаев: Туура айтасыз, президент Атамбаев менен жолугушууларда 2013-жылы сентябрда парламенттик шайлоо болорун, аны жеңсе, Кыргызстанга барарын убада кылган. Президент Йоахим Гаук дагы эч качан Борбор Азияга барбаганын, көрүп келүүнү кааларын айткан. Кыргызстан бүтүндөй региондо, жалпы постсоветтик аймакта парламенттик демократия куруп атасыңар деп белгилешкен.

Орусия же Казакстанда биздин мекендештер кылмыштарга барган, же аларга кол салган учурлар болгонун угабыз. Германияда болсо андай жок.

Өзүңөр билгендей, Меркел шайлоону утуп, 3-жолу канцлер болуп шайланды. Бирок былтыркы жылдын аягынан бери Украинада татаал бир жаңжалдарга күбө болуп келатабыз. Германия Европанын эң күчтүү мамлекети болгондон кийин ортомчулук кылып, кризисти жөнгө салууга аракет көрөт элек деген турумду ээлеген. Кыскасы, көңүл назарында азыр Украина болууда.

Анткени 2014-жылы эл аралык контингент Ооганстандан чыгат, биздин регионго көп көңүл бурулат деп ойлогонбуз. Бирок, тилекке каршы ушундай конфликт чыгып кетти.

Элчилик ушу тапта федералдык канцлердин жана федералдык президенттин кеңселери менен сүйлөшүп жатат. Декабрдын башында жолугушканда жакынкы аралыкта өзүбүз визит менен барбасак да, Кыргызстан президенти менен кездешүүгө аракет кылабыз деп айтылды. Ал кандай платформада, кайсы өлкөдө болору азырынча белгисиз, анын үстүнөн иштеп жатабыз.

Немистер акчага так келет

"Азаттык": Кыргызстанга Германиядан инвестициялар келүүдөбү? Финансылык-техникалык жардам аяктап бараткан жылы көбөйдүбү?

Болот Отунбаев: Германия Кыргызстандын эң ири донору болуп эсептелет. 1992-жылдан бери биздин өлкөгө финансылык жана техникалык тармактарда 250 миллион евродон ашык каражат бөлүнгөн. Тагыраак айтсам – 253 миллион 900 миң евро берилген. Бул акча негизинен экономиканы өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагына жумшалат.

Германия өнүктүрүү банкы – KFW, Эл аралык кызматташуу уюму – GIZ тиешелүү мекемелери менен эки мамлекеттин ортосундагы финансылык жана техникалык алакаларды ишке ашырып келишет. Мисалы, 2013-жылы Бонндо өткөн кыргыз-немис өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Германия Кыргызстанга 2014-жылы 34 миллион евро бөлгөн. Анын 19 миллиону – финансылык, калганы техникалык кызматташтыктын алкагында берилди. Андан тышкары 4 миллион евро кезексиз жардам саламаттыкты сактоо секторуна чегерилди. Мурдагы жылдарга караганда бизге берилген каражаттын көлөмү 30 процентке көбөйтүлдү деп айта алабыз.

Келээрки, 2015-жылы Бишкекте кыргыз-немис өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өтөөрү анык болуп калды. Андан аркы жылдарга берилчү жардамдын өлчөмү ошондо такталмакчы.

Бул жерде немистердин өзгөчөлүгүн белгилей кетет элем. Алар акчаны жөн эле бөлүп берип койбойт. Ошол каражат конкреттүү кайда жумшаларын, натыйжалуу пайдаланылганын такташат. Бир мисал келтирсем. 2013-жылы Бишкекте Германиянын жардамы менен эң алдыңкы техника менен жабдылган кургак учукту аныктоочу лаборатория ачылган. Быйыл болсо кургак учук клиникасын курууга көмөк катары 6 миллион евро берилди. Оорукананы заманбап техника менен камсыздоону да немистер өз колуна алып бүтүргөнү жатышат.

Мигранттар жок, студенттер бар

"Азаттык": Эми Германиядагы мекендештерибиз тууралуу сөз кылсак. Берлиндеги элчиликте, башка шаарлардагы консулдуктарда катталган кыргызстандыктардын саны канча?

Болот Отунбаев: Берлиндеги элчиликтен тышкары Бонн шаарында элчиликтин бөлүмү, ал эми Франкфуртта консулдук агенттик иштейт. Берлинде консулдук каттоого Кыргызстандын 1 миң 393 жараны алынган. Франкфуртта – 1 миң 721, Бонндо болсо 585 киши катталган.

Бонн шаарына чогулган кыргыздар Ноорузду белгилешүүдө, 16-март, 2013-жыл
Бонн шаарына чогулган кыргыздар Ноорузду белгилешүүдө, 16-март, 2013-жыл

Бардыгын чогуу эсептегенде консулдук каттоодо 3 миң 699 кыргызстандык турат. Бирок бири келип, экинчиси кетип жатканын да эстен чыгарбоо керек.

Мурун эмнегедир биздин балдар консулдук каттоодон качышчу. 2011-жылдан баштап каттоого туруу үчүн студенттерден акча албайбыз. Андан тышкары көп эле консулдук кызматтарды студенттерге бекер жасап беребиз. Себеби Германияда студенттерибиз жана Au paire деген программа боюнча келген кыздар көп. Алар немистердин үй-бүлөлөрүндө иштеп, анан бир жылдан кийин университеттерге өтүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

Орусия же Казакстандагыдай болуп эмгек мигранттар бул жерде жок, жалаң эле өз күчү менен окуган жаштар – студенттер, аспиранттар, докторанттар жүрүшөт.

Венадагы кыргыздар
Венадагы кыргыздар

Биз алар менен бирге бир топ иш-чараларды өткөрүп келатабыз. Эки жылдан бери Ноорузду чогуу Бонндо майрамдап атабыз. Жок дегенде 200-300 бала чогулат. Май-июнь айларында болсо футбол боюнча Элчинин кубогун өткөрөбүз. Германиянын ар бир облусунан окуучуларыбыздын 10 чакты командасы келип катышат. Кечке ойноп, кечинде кино көрсөтүп, эки тай казан палоо басып, балдар менен жакшы баарлашып отурабыз.

Андан кийин октябрда Франкфуртта Kirgisische Oktoberfest деген өзүнчө бир феcтивал өткөрөбүз. Ал жерге Чехия, Австрия, Голландия өңдүү Европанын башка өлкөлөрүнөн да кыргызстандыктар келишет. Мына былтыр Парижден балдар келишкен. Жылдын аягында, 31-декабрда Гамбургда жаңы жылды майрамдайбыз. Бул – иш-чаралардын календары десек болот.

Быйыл ошондой эле Мюнхенде "Ордо" деген уюм пайда болду. Чыңгыз Айтматовдун 86 жылдыгына арналган кече уюштурушту.

Албетте бул иш-чараларды элчилик өзү өткөрүп атат деп айта албайм. Үч жылдан бери Германиядагы кыргыз клубу иштеп жатат. Бакыт Көбөгөнов деген хирург жигитибиздин жетектөөсүндөгү клуб элчилик менен тыгыз байланышып турат.

Жети күн, 24 саат байланышта

"Азаттык": Германияда жашаган кыргызстандыктар кандай кыйынчылыктарга туш болушат. Көйгөйлөрү эмне?

Болот Отунбаев: Визалык режим катаал болгону менен бардыгы тартипти сактагандыктан катардан чыккан учурлар деле болбойт. Мисалы, Орусия же Казакстанда биздин мекендештер кылмыштарга барган, же аларга кол салган учурлар болгонун угабыз. Германияда болсо андай жок.

Германия Кыргызстанга 2014-жылы 34 миллион евро бөлгөн. Анын 19 миллиону – финансылык, калганы техникалык кызматташтыктын алкагында берилди.

Мен 2012-жылы бул жакка келээрим менен элчиликтин кызматкерлери жети күн бою 24 саат байланышта болушу керек деп айткам. Жарандарыбыз эс алуу күнү же майрамга карабай, дайыма элчиликке телефон чала алышат, аларга ар дайым консулдук жардам берилет.

"Азаттык": Биз жаңы жылдын алдында сүйлөшүп атабыз. Сиз эмне каалайт элеңиз жаңы жылда?

Болот Отунбаев: Келаткан 2015-жыл менен өзүмдүн жана Германиядагы элчиликтин атынан куттуктайм. Элибизге бейпилдик, өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү каалайм.

Талашка түшкөн кош жарандык мыйзамы

Кыргыз жана орус паспортун кармаган жаран.

Жогорку Кеңеш кош жарандыгы бар адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууга чек койгон мыйзамды 3-окууда жактырды.

Мыйзам коррупциянын алдын алуу, мамлекеттик сырдын сыртка чыгышына бөгөт коюу максатында сунушталганын демилгечи депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Буга чейин жетекчилик кызматтарда иштеген жана айрым депутаттардын жарандыгына байланыштуу маселе коомчулукта кызуу талкууланган.

Расмий Бишкек кош жарандуулукту тааныбаганы менен иш жүзүндө Орусия, Казакстандын, ошол эле кезде Кыргызстандын да паспортун алып жүргөн мигранттар аз эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоордун демилгечиси Кожобек Рыспаевдин айтымында, эгер башка жарандыгы барлар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга иштегиси келсе, башка өлкөнүн жарандыгынан чыгып, Кыргызстандын жарандыгын алуусу керек болот:

- Ички иштер министрлигинен, Коопсуздук комитетинен маалыматтарды алдык. Өзүңөргө белгилүү болгондой, тыңчылык менен кармалып атышат. Эки жарандыгы барлар коррупциялык иштерге аралашып, акча уурдап, кылмыш иш козголуп атса, башка жарандыгы менен качып кетип атышат. Ансыз деле канчалары качып жүрүшөт. Кыргызстандын патриоту болсо ушул өлкөнүн жарандыгы менен кыргыз элине кызмат кылсын. Бул мыйзам коррупциянын алдын алуу, сыр болгон материалдарды башка мамлекетке бербөө үчүн сунушталды. Ал эми мигранттардын 1% муниципалдык кызматтарда иштейт экен. Ошолорго шарт түзөбүз деп башка төрт тарабыбызды ачып ташташыбыз керекпи?

"Келечекке таасирин тийгизет"

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, эгемендик алган жылдан бери 516 миңден ашуун адам Орусиянын жарандыгын алган. Ошол эле кезде кыргыз атуулдугунан расмий баш тарткандардын саны 29 миңди гана түзөрүн “Азаттыкка” президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Нурбек Касымбеков билдирди.

Расмий Бишкек кош жарандуулукту тааныбаганы менен иш жүзүндө Орусия, Казакстандын, ошол эле кезде Кыргызстандын да паспортун алып жүргөн мигранттар аз эмес.

- 1995-жылдан бери Кыргызстан жарандыгынан баш тарткандардын саны 29 миң 597 болду. Ал эми Орусиянын Федералдык миграция кызматы жаз алды 516 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алды деп айткан эле. Эгер Кыргызстан президентинин атына арыз жазып, документин тапшырбай ошол жактын жарандыгын алган болсо, демек алар кош жаран бойдон жүрөт.

Ал арада “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ант бербей турган, саясий эмес орундарга Кыргызстандын мурдагы жарандары иштей берсе болот деген мыйзам долбоорду сунуштап жатат. Ал Рыспаев сунуштаган мыйзам долбоор иш издеп, чет жакка кеткен миңдеген мекендештердин келечегине терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

- Мейли саясий, коопсуздук багыттагы кызматтарда Кыргызстандын мурдагы жарандары иштебесин. Бирок катардагы кызматтарда иштегенге толук укуктуу. Ал жерде мамлекетке зыян келтире турган эч нерсе жок. Ошондуктан жогорудагы мыйзамды туура эмес деп эсептейм. Жүз миңдеп башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин келечегин ойлобогон мыйзам болуп калды.

"Мамлекет үчүн башка жарандыктан баш тартсын"

Буга чейин жетекчилик кызматтарда иштеген айрымдардын жарандыгына байланыштуу маселе коомчулукта кызуу талкууланган. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны экени айтылып, кийин Башкы прокуратура анын Орусия жарандыгынан баш тарткандыгы тастыкталгандыгын айтып чыккан.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун 1995-жылы Казакстан жарандыгын алганы, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирэна Степкичева Орусиянын жараны экени айтылып, бул маселелер талкуунун чордонуна айланган.

“Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаков кош жарандыгы бар жарандар мамлекеттик кызматта иштебесин деген демилгени колдойт.

Сахалинде иштеген кыргыз мигранттар
Сахалинде иштеген кыргыз мигранттар

- Бул өтө опурталдуу маселе. Башка өлкөдөн келип Кыргызстандын жарандыгын алып деле, ошол Орусиянын ичиндеги жарандар бул жакта көпчүлүктү түзүп туруп, абалды каалагандай өзгөртүп койгонго мүмкүнчүлүк пайда болуп калат. Мисалы, Крымда эмне болду? Ал жакта бүгүнкү күндө калкынын 60 пайызын орустар түзөт. Ал эми мигранттардын арасынан бийликке кызыккандар аз. Ошончолук эле мамлекет үчүн иштеп берем десе башка жарандыктан биротоло баш тартсын.

Орусияда ушул жылдан тартып кош жарандуулукка байланыштуу жаңы мыйзам иштей баштады. Ага ылайык, экинчи жарандыгын ачыкка чыгарып, мамлекеттин атайын тизмесине кирбеген орусиялык жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Булардын ичинде Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар да бар.

Кыргызстандын канча жараны Орусиядан башка дагы кайсы өлкөлөрдүн жарандыгын алганы так белгисиз. Жыл сайын президенттин жардыгы менен 2 миңдей жаран расмий түрдө атуулдуктан баш тарткан. Алар Орусиядан тышкары Малайзия, Түркмөнстан, Беларус, Германия өңдүү өлкөлөргө кеткени кабарланган.

Журналист куугунтукка кабылганын айтууда

Дайырбек Орунбеков.

"Маалымат.кж" сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбековго жалган маалымат таратты деген айып тагылды.

Өзүн оппозициялык маанайдагы журналист эсептеген Орунбеков муну саясий куугунтук жана сөз эркиндигине кысым деп баалоодо.

Кылмыш иштин козголушуна “Жаңы жүздөр” гезитиндеги макала себеп болгон. Гезитке Анара Юсупова аттуу журналист Орунбеков өз сайтына бийлик башындагы адамдарды "Ош окуясына күнөөлүү" деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп жазат. Ал эми Дайырбек Орунбеков дооматтарга макул эмес:

- Ош окуясы боюнча Убактылуу өкмөттү күнөөлүү деп бир нече башка маалымат булактары жазган. Ошолордун жазганына таянганымды көрсөтүп, шилтемелерди келтирсем да тергөө аны эске алган жок. Эгер жалган маалымат деп кылмыш иши ачылса, алгач ошол булактарга иш козголушу керек.

Ошондой эле ал өзүнө кылмыш иши президенттин көзөмөлү алдында козголууда деп эсептейт.

"Антиөрдөк" акциясы. 3-май, 2014-жыл.
"Антиөрдөк" акциясы. 3-май, 2014-жыл.

- Гезиттеги макаланы жүйө кармап, президент Алмазбек Атамбаев аны көзөмөлгө алып, Саляновага мени жазага тартылсын деген журналистти туура деп эсептейм деп, мага карата “сколько можно терпеть?” деп виза жөнөтүп атат. Бул резолюция мага козголгон ишке тиркелген.

Буга чейин айрым журналисттер эки топко бөлүнүп, бири экинчисин "адамдык беделине, ар-намысына шек келтирген, ушактаган маалыматтарды таратат" деп сындап келишкен. Алардын бири, “Де-факто” гезитинин редактору Жакшылык Бердибек уулу мыйзам кабыл алынгандан кийин аны бузгандар жазага тартылышы керектигин айтууда:

- Сот мыйзамдагы эрежени бузгансың, жоопкерчиликке тартылышың керек десе, Орунбеков мыйзам алдында жооп бериши керек. Соттон озунуп тигиндей же мындай деп айта албайм. Бирок Дайырбек Орунбековдун буга чейинки макалаларынан жалган маалыматтарды көп көрөм. Кээ бир кесиптештерим журналистика баткак болсо да сен ага тийишпе дешет. Бирок ошентип сасып жата берсе журналистика, коом өнүкпөйт.

Журналисттердин укуктарын коргогон медиа өкүл Акмат Алагушевдин айтымында, Орунбековго кылмыш иши туура эмес козголгон.

- Бул укуктук башаламандык. Кылмыш укугун билбеген адамдардын кылганы. “Ушактоо” деген берене бар болчу. Аны биз алып салганбыз. Эми ушак маалымат таратты дегендерди жарандык процесс менен гана кароого мүмкүн.

"Азаттык" бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрылганда, аталган органдын маалымат кызматкери Санжар Абжалиев буларды билдирди:

- Кылмыш ишин тергөө аяктап, айыптоо чечими менен Башкы прокуратуранын кароосуна бүгүн түштү. Биз териштирип, текшерип туруп, беш күндүн ичинде сотко жөнөтүшүбүз керек.

Бул арада бир катар журналисттер ушул иш боюнча президент Алмазбек Атамбаевге, башкы прокурор Аида Саляновага, УКМК жетекчиси Бусурманкул Табалдиевге жана адам укуктарын коргогон уюмдарга кайрылуу жолдоп, бийлик өзүнүн былыктарын жаап-жашыруу үчүн сөз эркиндигин, адам укуктарын ачык эле тебелөөгө өттү деген пикирлерин билдиришти.

2011-жылы Кылмыш жана жаза кодексинен “ушактоо”, “мазактоо” беренелери алынып салынган. Ал эми быйылкы жылы Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине ылайык, жалган кабар тараткандарды кылмышынын оордугуна карай айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Дайырбек Орунбековго "бирөөгө оор же өзгөчө оор кылмыш жасады" деген жалган маалыматты тараткан деп айып тагылууда. Беренеде буга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылары көрсөтүлгөн.

Кадрдык “империянын” “караңгы жолдору”

Бишкектеги ЖОЖдордун биринин астындагы абитуриенттер. 2014-жыл.

Билим берүү министрлигиндеги гранттык комиссия аркылуу баллы жетпеген абитуриенттерди Медициналык академияга өткөргөн коррупциялык схемалар боюнча документтер “Азаттыктын” колуна тийди.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн алган баллы белгиленген чекке жетпеген абитуриенттер контракттык бөлүмгө кабыл алынып, алардын айрымдары кийин бюджеттик орундарга которулган. Бул боюнча тиешелүү буйрукка мурдагы билим берүү министри Канат Садыков кол койгон. Мунун айынан 2012-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бирок анын аягы белгисиз бойдон калып кеткен. Мына ушуга окшош кылмыш эпизоду менен башкы көзөмөл органы парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгогон болчу.

Бурмаланган буйруктардын “бурулуш” схемалары

Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков 2011-жылы 26-августтагы буйругу менен республикалык тестирлөөдө белгиленген чектен төмөнкү балл алган 38 абитуриентти Медициналык академиянын ар кайсы адистиктерине окууга кабыл алуу боюнча буйрук чыгарган. Бул буйрукка Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн гранттык комиссиянын чечими негиз болгон.

Медициналык академиянын мурдагы профессору, медицина илимдеринин доктору Зиябиддин Айдаров мында жогорку окуу жайына кабыл алуу боюнча төмөнкү чекти белгилеген жобонун шарттары одоно бузулганын белгиледи:

Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков.
Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков.

- Ошол кезде министр Канат Садыков маалымат жыйынында белгиленген баллдан төмөн алган абитуриенттер бюджеттик, контракттык бөлүмдөрдүн сынактарына катышууга эч кандай жылчык жок деп айткан. Бирок мына ушуга окшогон аракеттер болуп турган. Ал ар кандай шылтоону негиз кармап, эң төмөнкү балл алган же тестирлөөгө эч качан катышпагандарды деле гранттык комиссиянын чечими менен окууга кабыл алган схемаларды ойлоп тапкан. Мен бул маселени көтөрүп, “жобонун шарттарын буздуңар, 40-47 балл алгандарды деле окууга алып жатасыңар” деген болчумун. Бул боюнча Башкы прокуратурага арыз жазгам. Ал жактан мага чын эле мына ошондой фактылар тастыкталып, тергөө жүрүп жатканын айтышкан. Мына ошонун негизинде депутаттан мурун министр Садыков менен ректор Зурдиновго иш козголушу керек эле.

Ошол эле учурда билим берүү министринин 2011-жылдын 26-августундагы экинчи бир буйругу менен жогорудагы 38 абитуриенттин ичинен айрымдары бюджеттик орундарга которулган. Бул №599 буйрук мурда бекитилген “25-августтагы гранттык комиссиянын чечимин ишке ашыруу боюнча” деп аталган. Анын негизинде ошол эле күнкү биринчи буйрукта контракттык негизде “стоматология” жана “дарылоо иши” боюнча адистиктерге кабыл алынгандардын айрымдары эч кандай негизи көрсөтүлбөстөн туруп эле бюджеттик бөлүмдөргө которулган. Зиябиддин Айдаров бул боюнча мына буларга токтолду:

- Өкмөттүн токтомунун негизинде Кыргызстан боюнча стоматология адистигине бюджеттик орундар каралган эмес. Бирок башында контракттык бөлүмгө кабыл алынгандардын үчөө азыр бюджеттик негизде стоматология факультетинде окуп жатат. Мындан сырткары 28-августтагы буйруктун негизинде 45 абитуриент контракттык негизде окууга кабыл алынган. Анан эле алар он беш күндөй окугандан кийин ошолордун арасынан жыйырмасы кайра Медициналык академиянын башка адистиктерине бюджеттик бөлүмдөргө которулган. Булар мына ушундай схеманы колдонгон.

Контрактка өтүп, бюджетти “багынткандар”

“Азаттыктын” колуна түшкөн документтер боюнча стоматология адистиги контракттык негизде окууга кабыл алынып, кийин бюджеттик орунга Стакиев, Разаматов, Сапаров дегендер которулганы аныкталган. Андан башка Айым Зурдинова деген кыз дарылоо иши адистигине бюджеттик орунга жайгаштырылган. Мына ошол документте буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү министринин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкуловго жүктөлсүн деп көрсөтүлгөн. Бирок бул тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча буйрукка анын ысымы кандайча көрсөтүлүп калганына Гүлжигит Сооронкулов таң калууда.

Сооронкулов өзү кызматтан кеткенге чейин министр Садыковдун одоно каталарын эскертип келгенин эске салды:

- Мен министрдин орун басары катары аталган комиссиянын мүчөсү болчумун. Бирок мен мектептер менен бала бакчаларды карачумун. Анан мага жогорку окуу жайларынын ишин көзөмөлдөө жагы жүктөлдү дегени түшүнүксүз. Андай буйрукту мен иштеп турганда көргөн эмесмин. Бирок мына ошого окшогон схемалар аябай эле көп болчу. Анан биз ага карама-каршы болуп турчубуз. Мен кызматтан кеткенге чейин министрге кирип, мындай болбойт деп көп эле айтчу элем. Мунун бардыгы анан кийин чыкпадыбы.

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгы 2012-жылы жогорудагы фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 304-305-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Билим берүү министрлигинин кызмат адамдарына карата иш козгогон. Бирок №150-12-23 кылмыш иши катары катталган мына ошол жагдайлар боюнча тергөөнүн аягы эмне менен бүткөнү ушул күнгө чейин белгисиз. Аталган башкармалыктын ишти тергеген тергөөчүсү Сегизбаев ал туурасында маалымат берүүдөн баш тартты.

Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов болсо текшерүүнүн жыйынтыгы эч кандай илинчектерди тапкан эмес дейт:

Аширали Зурдинов.
Аширали Зурдинов.

- Керектүү документтердин көчүрмөсүн бизден сурап алып кетишкен. Анан эми анын аягы эмне болгонун бизге айтпайт да. Гранттык комиссия кандайдыр бир шарттардын негизинде мына ошондой чечимдерди чыгарса керек. Анда негизинен чет элдеги этникалык кыргыздардын, ар кандай окуялардан же табият кырсыгынан жабыркаган адамдардын балдарын жеңилдетилген шартта окууга кабыл алуу жагы бар болчу. Аны эми министрлик менен өкмөттүн аппаратынан сурасаңар туура болот. Ушундай чоң адамдар тизме берип, аны министр буйругу менен бекитсе эмнеге албай койдуңуз деп көбү таң калган. Мен “эрежеге туура келбейт экен алган жокпуз” деп жооп бергем. Анан эми ошондон улам мага кылмыш иши козголгон жок.

Окшош фамилиялар...

Анткен менен Билим берүү министрлигинин буйругу менен башында контракттык негизде, анан бюджеттик бөлүмгө кабыл алынгандардын арасында Зурдинова Айым Мэлсовна деген абитуриенттин учурда “дарылоо иши” адистиги боюнча билим алып жатканы аныкталды. Бул жагдайды иликтеген АКОС коомдук уюмунун төрага орун басары Камил Умаров ректордун тууганы болушу мүмкүн делген абитуриенттин кезинде тергөө ишине тиркелген тестинин жыйынтыгын окуп берди:

- Зурдинова Айым жалпы тесттен 102 балл алган. Сынакка катышуу үчүн кабыл алууга белгиленген ченем 110 баллдан кем болбошу керек эле. Бул кызды ректор контракттык негизде окууга кабыл алууга дагы болбойт болчу. Бирок ал кыз фамилиясына караганда ректордун тууганы болсо керек. Ошондуктан аны алгач келишимдик негизде окууга кабыл алып, анан бюджетке которуп койгон. Бул эмне деген мыйзам бузуучулук! Анын ордуна бир карапайым адамдын окууга жөндөмдүү баласы келип окууга тийиш болчу.

Бирок мындай дооматка Медициналык академиянын ректору Ашираалы Зурдинов макул эмес. Ошол кездеги гранттык комиссиянын чечими жана министрдин буйругу менен аз балл алганына карабастан “чү” дегенде эле “дарылоо иши” адистиги боюнча бюджеттик орунга отуруп, учурда 4-курста окуп жаткан Зурдинова Айымдын ага тууганчылыгы тууралуу маалыматты ректор Аширалы Зурдинов мындайча четке какты:

- Мен эмне бизде окуган алты миң студенттин аты-жөнүн жаттап алып карап турушум керекпи? Ал тизмеде Айым Зурдинова эмес, Зуридинова деп турат. Аны мага тууган кылып жабыштырып, буга чейин эле ар жакка жазып бүтүшкөн. Эми анын бардыгын такташ үчүн мен силерге генетикалык лаборатория куруп берейинби? Ал кыз деле башкалар сыяктуу министрликтин гранттык комиссиясынын чечими менен келген. Анын бардыгы текшерилген. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес.

Эске сала кетүүчү жагдай, тизмедеги Зурдинова Айым Мэлсовнанын аты-жөнүндө ректордун фамилиясынан айырмаланган кайсы бир тыбыш түшүрүлгөн эмес.

Осмоналиевден башка депутаттарга дагы иш козголобу?

Жакында парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге мына ушуга окшош кылмыш эпизоду боюнча иш козголгон. Буга депутаттын 2013-жылы Кыргыз-орус, славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти окууга кабыл алууну өтүнгөн кайрылуу каты негиз болгон. Бирок мына ошондой эле мүнөздөгү кайрылуу каттарын 2012-жылы август айында ар бири ар кайсы күнү депутаттар Жылдызкан Жолдошева, Дамира Ниязалиева, Эркин Алымбеков, Садыр Жапаров жана Заирбек Жоошбеков Билим берүү министрлигине жөнөтүшкөнү аныкталды.

Мына ошол кайрылуулардын негизинде мурдагы билим берүү министри Канат Садыков 2012-жылы 30-августта Медициналык академиянын ректоруна баллы жетпеген башка дагы 25 абитуриентти окууга кабыл алуу боюнча буйругун жөнөткөн. Бирок мына ошолордун арасынан канчоо окууга кабыл алынганы белгисиз. Бул жагдай журналисттик иликтөөнүн кийинки этабында көтөрүлмөкчү.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева бул жагдай боюнча буларга токтолду:

Жылдыз Жолдошева.
Жылдыз Жолдошева.

- Бей-бечаралардын балдары кайрылса, биз азыр да кат жазабыз. Бирок депутаттын каты сунуш иретинде гана болуп, аны аткарган тарап кенен текшерип чыгууга милдеттүү. Анан эми биз жазган каттар боюнча кылмыш ишин ача берүү керек десе, анда мен бул системага таң калам. Текшерүүнүн дагы чеги болуш керек. Анан эми депутат Каныбек Осмоналиевдин иши боюнча тигил студенттер мындай бергенбиз деген маселени көтөрүшкөн деп жатпайбы. Ошонун негизинде кылмыш иши ачылды деп тергөө айтпадыбы. Анан эми биз жөнөткөн каттардагы тизмеде көрсөтүлгөн студенттер ошентип арыз жазыптырбы? Бул башка кеп да. Бирок мен кесиптешим Каныбек Осмоналиев андай ишке барганына ишенбейм. Анда бирөөнүн көрсөтмөсү боюнча ушундай болгон деп жатпайбы. Пара алуу фактысын тастыктоо үчүн аны колунан кармап, ошонун негизинде гана айып коюла турганы маалым. Анан жалган көрсөтмө менен эле иш козгой берүү өтө коркунучтуу.

Жогортон түшкөн каттын жоосуну башка

2011-2012 жана 2013-окуу жылдарында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы гранттык комиссия жарандарды социалдык колдоонун чаралары боюнча мыйзамга ылайык абитуриенттерди жеңилдетилген шартта кабыл алган. Бирок мына ошол тизмеге чынында эле социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары киргенби же башкаларбы - ал бөлөк маселе. Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков менен бул тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок.

Билим берүү министринин жогорку окуу жайлары боюнча башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошов гранттык комиссия парламент менен өкмөттөн келген документтерди эске албай туруп чечим чыгарууга мүмкүн болбогон жагдайды мындайча түшүндүрүп берди:

- 2010-жылдагы 7-апрель ыңкылабына катышкандардын, май жана июнь айларындагы кандуу окуялардан жабыркагандардын балдарын кабыл алуу үчүн 40 бюджеттик орун бөлүнгөн. Ал бюджеттик орундар гранттык комиссияда каралып, анан анын чечими менен окууга кабыл алууга жиберилип турган. Эми мына ошол тизменин тууралыгын же тактыгын Билим берүү министрлиги толук текшерип, иргеп турууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Анан калса биз парламент менен өкмөттөн келген кайрылууларга бир жуманын ичинде жооп берүүгө милдеттүүбүз. Антпесек алар бизге жоопту эмнеге кечиктирдиңер деген кине коёт. Мына ошондуктан биздин гранттык комиссия чечим чыгарып, анан тизмени окуу жайларына жөнөткөн. Тизменин тууралыгы жана окууга кабыл алуунун мыйзамдуулугу мына ошол жактан текшерилиши керек болчу. Окуу жайлары эгерде тизме туура эмес болсо, аны артка кайтарууга акысы бар.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жакында парламентте Билим берүү министрлигинин алдындагы гранттык комиссиянын мына ошол кездеги чечимдерин текшерүү демилгесин көтөргөн болчу. Анда мына ошол чечимдердин негизинде окууга кабыл алынгандардын мыйзамдуулугу боюнча депутаттык иликтөө жүрөрү айтылган эле.

Ош: бакыт ордуна айыккыс дарт тапкандар

Кыргызстанда соңку жылдары ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен жуккан учурлар көбөйдү.

Ошто укук коргоочулар ВИЧ инфекциясын жуктурганын түгөйүнө билгизбей никеге турган жарандар тууралуу айтып чыгышты.

Укук коргоочулар ВИЧ/СПИД илдетинин таралуусуна бөгөт коюу үчүн жаңы механизмдерди иштеп чыгууну, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү суранышууда. Бул арада дарыгерлер ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөр соо адам менен баш кошордо өз дартын жашыргандыгы үчүн жазага тартыларын билерин айтышат.

Ошто өзүнүн бул илдетке чалдыкканын жашырып үйлөнгөн жарандар коомго коркунуч жаратууда. ВИЧ/СПИД менен ооруган кыз-келиндер турмуш куруп күйөөсүнө же, оорулуу жигит келинчегине жуктуруп алууда.

Быйылкы жылы ушундай окуяга дуушар болгон үч үй-бүлө "эми эмне кылабыз?" деген суроо менен Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылган. Аталган борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова мунун айынан оору жугузуп алган адам өзү эле эмес, анын жакындары да азап тартарын айтууда:

СПИД менен күрөш борбору
СПИД менен күрөш борбору

- Акыркы мезгилде ВИЧ/СПИД менен ооруган балдар таза кыздарга үйлөнүп жатышат. Же тескерисинче ооруган кыздар таза балдарга турмушка чыгат. СПИД борборунда каттоодо турган жаран таза кызга үйлөнүп алган. Ал азыр дарыланып жүрөт. Кош бойлуу экен, бала кандай төрөлөт деп кыжаалат болууда. Келиндин ата-энеси бизге жардам сурап кайрылды. Андан мурдараак бир кыз ооруганын жашырып турмушка чыккан, дагы бир бала үйлөнгөн факты катталган эле. Эң коркунучтуу жагы оору курсактагы балага да жугуп калууда.

Бирок дарыгерлер ВИЧке кабылган жарандар үйлөнөр алдында же башка адам менен жыныстык байланышка барарда өз илдетин жашырса, жазага тартыларын айтышат. Оштогу СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү борборунун жетекчисинин орун басары Сабыр Ташболотов бул азаптуу илдети аныкталган ар бир адам өз жоопкерчилигин жакшы билет деди:

- Биз ар бир ВИЧ илдети аныкталган адамды каттоого алганда, андан тил кат алабыз. Тил катта "мен ВИЧке чалдыкканымды билдим. Бирөөгө жугуу коркунучун жаратсам кылмыш жоопкерчилигине тартыларымды билем" деп кол коюшат. Эгерде дартын жашырып үйлөнүп алса, ал жазага тартылышы мүмкүн.

Бирок Ош милициясы үстүбүздөгү жылы илдетин жашырып, башка адамга атайлап жуктурган бир да факты катталбаганын билдирди. Иш жүзүндө илдетин жашырып, үйлөнүүгө батынып жаткандарды айткан укук коргоочулар оорунун таралышына мыйзамдар бөгөт боло албай жатат деген пикирде. Укук коргоочу Дарика Асилбекова илдеттин жайылуусун алдын алуу багытында жаңы механизмдерди иштеп чыгуу керек дейт.

- Үйлөнүп жаткандарды медициналык кароодон өткөрүү маселесин чечүү керек. СПИД борборунанбы, жергиликтүү бийлик аркылуубу айтор жок дегенде элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

Азыркы мыйзамдар боюнча ВИЧ илдети тууралуу маалымат кыйла катуу корголот. Мындан улам баш кошуп жаткан эки жаш болочок түгөйүнүн макулдугусуз анын ден соолугу тууралуу маалыматты ала албайт. Ошол эле учурда өз ара ишенимге доо кетирбөө үчүн түгөйлөр да бири-биринин ден соолугун тыкыр иликтөөгө батынышпайт.

- Мыйзам боюнча биз ВИЧ илдетине кабылгандар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга акыбыз жок. Эгерде дартка чалдыккан адам өзү дартын башка адамга айтам десе өз иши. Бир гана соттун кагаз жүзүндөгү суранычы боюнча гана маалыматты ачыктайбыз, -деди Сабыр Ташболотов:

Мындан эки жыл мурун өзүндө СПИД дарты бар экенин жашырып үйлөнгөндүгү үчүн бир жаран соттолгон. Дарыгерлер ВИЧ инфекциясын көбүнчө чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттары жуктуруп келерин айтып жүрүшөт. Бирок Кыргызстанга кирип жатканда да, чет өлкөгө кетип жатканда да эч ким СПИД илдетине текшерилбейт. Бир гана кош бойлуу аялдар жана күч кызматына ишке кирүү учурунда ВИЧ инфекциясы бар-жогу текшерилет.

Учурда Ош облусунда ВИЧ/СПИД илдетине кабылган 2011 жаран расмий катталган. Анын ичинен 223 адам бойдок, 368и ажырашкан, 42си жесир жана беш адам жарандык никеде турат. Жалпысынан алганда 630у жалгыз бой жашайт.

Жүз мыкты долбоор...

Жүз мыкты долбоор...
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Кыргыз спортчулары “Хан Манасты” кайтарышты

Кадрдан аксаган КСДП

2014-жылдын соңунда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Күтүлгөндөй эле КСДП фракциясы кээ бир кадрларын кызматтан бошотуп, жаңыларын дайындады.

Эми мурунку болуп калган билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкуловдун кызматтан кетиши тууралуу аңыз кептер көптөн бери чыгып келген. Күзгү кадрдык алмашууларда алар аман калып, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, маданият министри Камила Талиева, ички иштер министри Абдулла Суранчиев жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева кызматтары менен кош айтышкан болчу.

Эми жылдын соңунда КСДП өзүнүн квотасындагы министрликтерди экинчи жолу “силкип”, жаңы дайындоолорго барды. Жоомарт Оторбаев менен бирге вице-премьер-министрликке келген Элвира Сариева жыл айланбай кызматынан төмөндөп, Билим берүү жана илим министрлигине дайындалды.

Алиясбек Алымкулов
Алиясбек Алымкулов

Коомчулукта кескин сындарга кабылып келген эмгек, жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкуловдун ордуна кезинде Чүй облусун жетектеген Айбек Азыранкулов дайындалды.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул кадрдык өзгөртүүлөрдү өкмөткө “жаңы кан киргизүү” менен байланыштырды:

- Жаңылай турган мезгил келди. Маселелер көбөйүп кетти. Бир орунда отуруп калган киши маселелерге кээде жаңы көз караш менен карай албай калат окшойт. Анын үстүнө ар кайсы тараптан ар кандай сын-пикирлер айтылып келатат. Ага да реакция жасаш керек. Ошон үчүн жаңы алып келген кадрларды карап көрүп, ошолор министрлик, тармактарга өзгөрүүлөрдү, жаңы нерселерди, министрликтерге жаңы кан киргизгенге мүмкүнчүлүктөрү жетет деген ой менен жибердик.

Эльвира Сариева
Эльвира Сариева

Чыныбай Турсунбеков Саламаттык сактоо министрлигине чет өлкөдө жүргөн адис чакырылганын, ал эми Элвира Сариева вице-премьер-министр кезинде социалдык тармак боюнча жазган программаларын билим берүү тармагында ишке ашыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине дайындалганын белгиледи.

Оппозициялык көз караштагы жаш саясатчы Адил Турдукулов КСДП жүргүзгөн кадрдык дайындоолор өзгөртүү алып келүүгө жөндөмсүз деп эсептейт. Анын пикиринде, азыркы кезде кадрдык кризис жүрүп жатат. Өлкөдөгү кадрдык саясатты негизинен тейлеп жаткан КСДП жаңы формациядагы адамдарды таппай, кадр саясатын бир гана критерий менен жүргүзүп калгандай дейт Турдукулов:

- Ачык конкурс болбогондун натыйжасында билим-илимине, тажрыйбасына басым жасабай, эң биринчи баскычка Атамбаевди колдоо коюлуп, ошонун негизинде тандоо жүрүп жаткандай. Акчанын күчү менен тандалып жатканын да кризистин булагы катары түшүнсөк болот.

Адил Турдукулов кадрдык саясатта өкмөт башчынын ролу өтө төмөндөп, жалпы эле парламенттик система жабыркаганын кошумчалады. Саясат таануучу Марат Казакпаев КСДП кадр саясаты жагынан абдан аксоодо дейт:

- КСДПда кадр боюнча маселе абдан чоң. Көбүнчө квота президенттик партия болгон КСДПыда. Алар канчалаган кадрларды дайындап жатат. Алар кызматка келип, иштей албай жатышат. Мына, Бишкек мэрлигине Кулматовдун келгенине 5-январда бир жыл болот. Бирок ал эч нерсе кылган жок. Ошон үчүн булар алмашып жатат. Объективдүү, жакшы кадр таба албай жатышат. Мүмкүн бул жакта коррупция бар. Мына Азыранкулов губернатор болуп иштеген. Азыр эми аны дагы алып келип атышат. Иши кылып жаңы кадрлар келбей жатат.

Марат Казакпаев мына ушундай эле абал башка фракцияларга да мүнөздүү экенин, өкмөт башчыны тынымсыз алмаштыруу, анын кадр саясатында ролунун алсыздыгы өзгөртүүгө муктаж экенин кошумчалады.

Айтмакчы, калк ичинде бийлик сересинде дагы кадрдык алмашуулар күтүлүп жатканы айтылууда. Ал ортодо башкы прокурор Аида Салянованын кызматын биротоло тапшыра турганы маалым болду. Бул маалыматты Башкы прокуратура азырынча тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Орусиядагы кырдаалдын мигранттарга эпкини

Рублдин арзандашынан улам Орусиядан өз мекенине кеткен мигранттардын саны көбөйөрү айтылууда.

Орусияда соңку күндөрдө рублдин арзандашы, баалардын өсүшү мигранттарга таасирин тийгизе баштады. Москвадагы Мигранттардын федерациясы жаңы жылдан кийин чет жактан иш издеп келгендердин 25% өз мекенине кайтарын болжолдоодо.

Орусияда иштеген Лунара Кадырова рублдин арзандашы менен баалар өсүп, азык-түлүк кымбаттаганы байкала баштаганын айтат. Анын айтымында, кризистен улам иш табуу кыйындап, тескерисинче, кыскартууларга туш болгон кыргызстандыктардын саны көбөйдү.

- Баалар бир топ эле өстү. Мисалы, гречканы 35 рублдан алсам, азыр 60, жакшыларын 90го алып атабыз. Башка товарларга деле баа өскөн. Жумуштан да кыскартуулар болуп атат. Жолдошум иштеген жерде стажысы барларды алып калып, жаңы келгендердин көбүн кетириптир. Түштө берилчү тамакты кыскартыптыр. Негизи эле премиялар берилбей, айлыкты да кечигип берип атат. Биз гана эмес, орустар өздөрү кыйналып, айлык жетпей жатканын айтышууда. Иши жок калгандар Кыргызстанга кетишүүдө.

Москвадагы Мигранттардын федерациясы жаңы жылдан тартып иштегени келгендердин 25 пайызы өз мекенине кайтат деген прогноз жасады.
Москвадагы Мигранттардын федерациясы жаңы жылдан тартып иштегени келгендердин 25 пайызы өз мекенине кайтат деген прогноз жасады.

Ал ортодо Москвадагы Мигранттардын федерациясы жаңы жылдан тартып чет жактан, өзгөчө Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандан Орусияга иштегени келгендердин 25 пайызы өз мекенине кайтат деген прогноз жасады. Буга рублдин арзандашы жана орус өкмөтүнүн мигранттарга карата мыйзамдарды катаалдатканы себеп экени айтылууда. Анын ичине милдеттүү түрдө орус тил жана тарыхынан сынак тапшыруу да кирет.

Аталган федерациянын президенти Мухаммед Аминдин “Азаттыкка” айтымында, учурда мигранттарга карата милициянын рейди күчөөдө.

- Мигранттардын кетип атышына бир канча себеп бар. Эң негизгиси мыйзамдардын катталдашканы. Мигранттардын көбү Орусияда мыйзамсыз жүрөт, “кара тизмеге” кирип калышкан. Акыркы убактарда мигранттарга карата рейддер көп болуп атат. Депортация болосуңар деп коркутушууда. Ошондон коркуп жаңы жылга чейин жана кийин көптөгөн мигранттар өз мекенине кетүүнү пландашууда. Экинчиден, рубль түшүп, экономикалык кризис да себеп болууда. Орусияда 10 млн. ашуун мигрант бар деп айтылса, биздин божомол боюнча ошонун 2,5-3 миллиону жаңы жылдан кийин кетиши мүмкүн. Мындан курулуш тармагы, турак жай кызматтары кыйла аксайт. Анткени ушул сектордо негизинен мигранттар күч берет эмеспи.

Буга чейин Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромадановский мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик мигранттарга Жаңы жыл майрамын өз мекенинде тосууну сунуштаган болчу.

Мекен көздөн учканда...

Анткен менен мигранттардын өз мекенине агылуусун Орусиядагы соңку кризиске эмес, утурумдук, сезонго байланыштуу көрүнүш катары баалагандар да бар.

“Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаевдин айтымында, мигранттардын көбү азыр абал кайсы жагына өзгөрөт деп күтүп турушат.

- Мигранттардын көбү кышкысын, жаңы жыл майрамынын алдында Кыргызстанга келишет. Бул жылда эле ошондой. Сезонго байланыштуу үйлөрүнө кайтышат. Экинчиден, жаңы жылдан кийин кандай өзгөрүүлөр болот деп айрым мигранттар күтүп турушат.

Жаңы талаптарга ылайык, Орусияга кирүүдө 16га толо элек балдарда да жалпы жарандык документ болууга тийиш.
Жаңы талаптарга ылайык, Орусияга кирүүдө 16га толо элек балдарда да жалпы жарандык документ болууга тийиш.

Орусия 2015-жылдын 1-январынан тарта өз аймагына чет элдиктерди ички паспорт менен кирүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Жаңы талаптарга ылайык, Орусияга кирүүдө 16га толо элек балдарда да жалпы жарандык документ болууга тийиш. Бирок Орусиянын федералдык миграция кызматынын өкүлү Дмитрий Демиденко Москвадагы кыргыз элчилигинде берген маалымат жыйында билдиришинче, кыргызстандык жарандар үчүн жеңилдик катары жаңы жылдан кийин деле Орусияга ID-card менен кирүү мүмкүнчүлүгү калтырылышы мүмкүн. Учурда бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Келбей тургула"

Ошентсе да Москвадагы кыргыз диапорасынын өкүлү Руслан Эшимов кыргызстандыктарды беш-алты ай Орусияга барбай турууга чакырууда. Анын үстүнө рубль кунунун түшкөнүнө байланыштуу алардын кирешеси азайган.

- Январь айында жалгыз уюн сатып Орусияга келсе, жаңы жылдан тартып патентти 15 миңге жасаса, анысы аз келгенсип айына 4000 рубль патентке төлөсө... Өзү айына 20-25 миң айлык алса каягына жеткирет? Акча таппай эле кетип атпайбы. Жаткан жери, тамак-ашы бар. Ошондуктан келбей тургула дедим.

Эшимовдун белгилешинче, мигранттардын Кыргызстанга массалык түрдө агымы азырынча байкала элек. Бирок соода-сатыкта отургандар арасында чыгымга учураган, анын айынан башка ишке өткөн учурлар кездешүүдө.

- Мигранттардын Кыргызстанга кайтышына эч кандай жаңы мыйзамдар себеп боло элек. Өз жон терибиз менен сезип, колубуз менен кармабасак сезбейбиз. Ошондуктан февраль, марттан баштап кеткендер билине баштайт. Ушул убактан баштап айлыктын жетпей тургандыгын, чыгашанын көп экенин билип кача башташат.

Расмий эсепте Орусияда 500 миңден ашуун, бейрасмий миллиондон көп кыргызстандык жаран иштеп жатат. Кыргызстан 23-декабрда Евразия экономикалык жана Бажы биримдигине кошулуу келишимине кол койду. Мында мигранттарга жеңилдик болору да айтылган. Бирок келишим 2015-жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирмекчи. Эми мигранттар ушул документке үмүт артууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG