Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 23:17

Кыргызстан

БУК болгон оппозиция

“Учур” гезити журналист Сабыр Мукамбетовдун жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймыл тууралуу макаласын басты.

Нуржамал Байболова “Азия ньюс” гезитине берген маегин “Атамбаев текеберленбей, оппозиция менен сүйлөшүүгө барышы шарт” деп атады.
Ушуга улай эле “Чарба айдыңы” деген рубриканын алдында “Жаңы жолдогу түгөнбөгөн эски ырлар” деген ат менен адис-аграрчы Бекболот Талгарбеков маек куруп, Кыргызстанга айыл чарба реформасын кандайча алып келгенин кенен кеп кылды.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов Токтогул ашык болгон Алымкандан төртөө табылганын сүйүнчүлөп, кызыктуу аңгеме курду.

“Мекен инфо” гезити депутат Чыныбай Турсунбековдун “Кумтөр боюнча жаңы келишимдин токтомун кабыл алуу менен алдыга жылуунун алгачкы кадамы жасалды” деген маегин тартуулады.

“Асаба” гезити аркылуу Билим берүү министринин орунбасары Назаркул Ишекеев “Министрлик диплом сатпайт. Ар бир диплом атайын текшерүүдөн өткөн колдор менен берилет. Окуучуларга бирдиктүү мектеп формасын киргизүү максатында сынак жарыялады. Сынактын максаты 1-11-класстардын окуучуларынын мектеп формасына бирдей талапты иштеп чыгуу менен улуттук маданиятты сактоону көздөйт” деп айтты.

Омбудсмен Бакыт Аманбаев ушул гезитке берген маегинде Орусияга барып, орус бийлиги киргизген кара тизмени канткенде азайтса болот деген маселенин тегерегинде сүйлөшүп келгенин, мындан дароо эле оң жыйынтык чыгат деп айта албастыгын, бирок аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

“Учур” гезити белгилүү журналист Сабыр Муканбетовдун “Бок жаман эмес жок жаман” деген макаласын басты. Автор жазгы саясий өнөктүк өлкөдө оппозициялык маанайдагы күчтөрдүн биригиши менен башталып, жума башында Бириккен Улуттук Оппозициялык Кыймыл же кыскартканда БУОК деген аталыштагы жаңы бирикме түзүлгөнү тууралуу кабар желдей тараганын белгиледи. Автор андан ары кезинде адегенде Акаевге каршы КЭК, кийин Бакиевге каршы БЭК дегендер түзүлгөнүн, бул оппозиция да ошого окшотобуз деп “Бириккен Оппозициялык Кыймыл” деп аташса аббревиатурасы БОК болуп калып, анан ага “улуттук” деген сөздү кошуп БУОК деп аташса, “төрт тамга болуп кетти, удача деген үч тамга менен келчү эле, “БУК” эле болсунчу деп бир пикирге келе алышпай, анысын кийинки жумада боло турган презентациясында тактамай болушканын, илгери эки карганын бири "БОК жаман" десе, экинчиси "БОК жакшы" деп талашып атса, дагы бири учуп келип, “БОК жаман эмес ЖОК” жаман” деген экен, болгонуна каниет кылып, оппозиция эми “БУК болобу же бугу чыкпай БОК болобу, анысын убакыт көргөзөр, а биз болсо колдоп коелу, армандары калбасын” деп жазды.

“Асман пресс” гезитине экс-президент Аскар Акаев “Акылман элим акыры калыс баасын берет деп ишенем” деп интервью берди. Акаев Орусияга үй-бүлөсү менен үстүндөгү кийип турган костюму менен эле чыгып кеткенин, болгон байлыгы Кыргызстанда калганын, Майрам Акаеванын саясат менен иши жоктугун, эң жакын адамы Кубанычбек Жумалиев экенин, ал келип-кетип турарын айтты.

“Айат” гезити депутат Каныбек Осмоналиевдин билим, мектеп, жергиликтүү бийлик тууралуу, Чубак Ажынын ыйман тууралуу кызыктуу маектери жарыяланды.

“Тил маданияты” гезити жаңы санын “21-февраль эл аралык эне тил күнү” деген баштема менен ачып ага макаласын арнады.

Профессор Абдыкалый Туйбаев “Журналисттер божомолдонгон маалыматтардан качыш керек” деп маек курду.

Публицист Жолдош Турдубаевдин көркөм баалуулуктар боюнча айткан ойлорунун корутунду бөлүгү “Тил маданиятынын” бүгүнкү санында.
Акын Кыялбек Урмамбетовдун жаңы ырлары өзүнүн жана көлдүн сүрөтү менен кошо гезиттин бир бетине толо жарык көрдү.

Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев өз колу менен жасап, өзү дүйнөгө даңазалап келаткан улуттук музыкалык аспаптар туурасында айтып берди.

Жумгал: сот залында айыпталуучуларга өрт коюшту

Кара-Кече көмүр кени. 10-декабрь, 2013-жыл.

Кара-Кече көмүр кенинде милициянын ур-токмогунан каза тапты делген Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерине бензин чачып, өрт коюшту.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” тастыкташынча, бул окуя 20-февраль күнү түш оой Жумгал райондук сотунун имаратында катталган. Анда 1-декабрда Кара-Кече көмүр кенинде ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эки жана Нарын ОИИБинин ыкчам чара көрүү отрядынын бир кызматкеринин ур-токмогунан улам өлдү делген Айбек Мамбеталиевдин иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан. Абдраимов болуп өткөн окуяны мындайча түшүндүрдү:

- Соттук процесс учурунда Мамбеталиевдин жакындары темир тор ичинде турган 3 милиция кызматкерине бензин чачып, өрттөп жиберишкен. Натыйжада конвой аларды сыртка алып чыгууга мажбур болгон. Ошого карабай айыпталып жаткан эки милиция кызматкердин денеси күйгөн. Конвой аларды сыртка алып чыккан учурда Мамбеталиевдин туугандары бир айыпталуучуну белгисиз жакка алып кетип аёосуз сабап, кайра райондук ооруканага ташташкан. Дагы бир айыпталып жаткан милиция кызматкери кол салгандардан коргонуу максатында Жумгал дарыясын көздөй качып кеткен. Азыркыга чейин анын кайда экени белгисиз.

Абдраимов кошумчалагандай кылмышка шектүү милиционердин бири Жоомарт Сыдыковдун абалы оор болгондуктан Бишкекке алынып келинди.

Деген менен 27 жаштагы маркумдун энеси Жамила Нааматова соттон акыйкаттык издеп жүрүп тажаганда ушундай окуя болгонун айтат. Нааматова болуп өткөн окуяны уулунун өлүмү боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, сотко жеткенде “адам өлтүрүү” деген оор берененин алынып салышы менен байланыштырды.

- Биз сотту чакыртып алып, ишти кайра тергөөнү талап кылалы дегенбиз. Анткени булар милиция кызматкерлерине карата “адам өлтүрүү” беренесин алып салып, “кызмат абалынан пайдалануу” боюнча тергеп жатышыптыр. Бул жакта карачечекей адам өлүп жатат. Биз ошол беренени койгула десек, сот болбойт деп чыгып кетти. А айыпталып жаткан милициялар сотто каткырып, жыргап отурушту. Бизди күйгүзгөнү күнөөлүүлөрдүн жазага тартылбай жатышы. Туура, бүгүн биз ачууга алдырып ар кандай нерселерди кылдык. Бирок биз мунун баарын акыйкаттык издеп кылып жатабыз. Башында эле эгер сот туура эмес чечим кабыл алса аларды өзүбүз соттойбуз деп айтканбыз. Эмнеси бар экен канга кан да.

Окуяга күбө болгондордун бири, жергиликтүү укук коргоочу Эраш Кумарбеков айыпталуучуларга карата кол салууну соттун адилетсиз чечиминен көрөт.

- Бул жердеги элдин талабын деле түшүнсө болот. Анткени “адам өлтүрүү” беренеси коюлуп жаткандан кийин айыпталуучулар үй камагына бошотулбашы керек эле. Эми бул жерде эки жактан тең эле кетип жатат. Бирок 104-берене менен кылмыш иши козголуп, сотко жеткенде алынып салышы чырдын чыгышына себеп болду. Тоок уурдагандар түрмөдө отуруп, киши өлтүргөндөр ээн-эркин жүрсө элдин деле кыжыры кайнайт да.

Айыпталган милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда майрамдашууда. Сүрөт январь айынын башында интернетте тараган.
Айыпталган милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда майрамдашууда. Сүрөт январь айынын башында интернетте тараган.
Буга чейин айыпталуучулардын убактылуу кармоочу жайдагы адамдар менен көңүл ачып, гитара чертип отурган сүрөтү интернетке жарыяланып, чуу жараткан.

Кара-Кечеден Бишкекке көмүр тартып иштеген Мамбеталиевдин өлүмү боюнча Жумгал райондук прокуратурасы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Рустам Токтогуловго (учурда дайынсыз), Жоомарт Сыдыковго жана Нарын ОИИБинин ыкчам чара көрүү отрядынын кызматкери Чыңгыз Баялиновго карата “адам өлтүрүү”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча Жумгал райондук соту айыпталуучуларды 3-февралга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарганы менен Нарын облустук соту биринчи чечими менен тергөө абагын бир айга кыскартса, экинчи чечими менен айыпталуучуларды үй камагына бошоткону белгилүү.

Маркум Айбек Мамбеталиевдин артында 4 баласы жетим калды. Балдарынын улуусу 5ке чыкса, кичүүсү 5 ай айлык.

Видео жаңылыктар, 20-февраль, 2014.

Видео жаңылыктар, 20-февраль, 2014.
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Мигранттар укугу көз жаздымда

«Борбор Азия кыймылда» уюму Орусия жана Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттардын абалы боюнча иликтөө жыйынтыгын жарыялады.

Иликтөө жыйынтыгы боюнча "бул өлкөлөрдөгү мигранттардын укугу корголбойт" деген тыянак чыкты. Мигранттар көбүнесе мамлекеттик органдар, жергиликтүү тургундар тарабынан кодуланат.

“Борбор Азия кыймылда” платформасы “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы менен бирге мигранттардын абалын бир жарым жылга жакын иликтеген. Анда кыймылдын эксперттери Казакстан жана Орусиянын бир катар шаарларына барып, мигранттар менен жолугуп, сурамжылоо жүргүзгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, аталган өлкөлөрдө эмгектенген мигранттардын ар кыл басмырлоого тушугуп жатканы айтылат.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова басмырлоо мамлекеттик органдар менен катар жергиликтүү калк тарабынан да болорун билдирди:

- Кыргызстанда эмгек мигранттары абдан көп акча жөнөттү, алар ирденип калды деп айтып көнүп калганбыз. Бирок алардын көйгөйлөрүнө ичинен көз салсак, абдан кыйын абалда экенин байкайбыз. Мигранттар арасында каза болуп, мекенине сөөгү келген учурлар абдан көп. Бул адамдын жашоого болгон укугунун бузулушу деп айтсак болот. Орусиядагы дискриминациялык мамилеге акыркы жылдары "документиң жайында эмес" деген камоолор мисал. Ошон үчүн мунун баарын биздин өкмөттүн өкүлдөрү сүйлөшүү жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракет кылышы керек болчу.

Исмаилова кошумчалагандай, мигранттардын оор абалга туш болушуна Орусия менен Казакстандагы кыргызстандыктар да кошумча. Бул өлкөлөрдөгү диаспоралардын айрымдары коррупциялашып, алдамчылык көрүнүштөрү тамыр жайган.

- Диаспоралар коррупциялашып кеткен көрүнүштөр, ар кыл шылуундар документ жасап берем деп алдап кеткен учурлар көп. Ошондой эле жумуш таап берем деп алдап чакырып, айлык төлөбөй койгондор да арбын экен.

Исмаилова мигранттардын укугун коргоодо кыргыз өкмөтүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырууда. Укук коргоочунун пикиринде, мигранттарды басмырлоо фактылары боюнча БУУ баштаган эл аралык уюмдарга кайрылуу зарыл.

Укук коргоочулардын мигранттардын абалы боюнча тынчсыздануусуна “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимов да кошулат. Эшимовдун айтымында, көпчүлүк учурда мигранттын укугу милиция кызматкерлери тарабынан бузулат.

- Көчөдөн милиция кызматкерлери токтотуп, негизсиз эле текшерип, шылдыңдап калышат. Өз укугуңду айтсаң, "акылдуу окшойсуң” деп келеке кылгандары да жок эмес. Бирок мунун баарын эле саясатташтырууга болбойт. Муну мамлекеттик саясат катары эмес, айрым тартиби жок кызматкерлердин жоругу катары кабыл алсак болот.

Эшимов муну менен катар мыйзамсыз документ жасоо менен шугулданган кыргызстандык уюмдар да пайда болгонун четке какпайт.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын бузуу фактылары бар экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов да жашырбайт. Элчинин айтымында, Орусиядагы миграция жаатындагы эрежелер катаалданганда мыйзамсыз текшерүүлөр, камоолор күч алган.

- Күзүндө миграция боюнча эрежелер катаалданып, “кара тизме” түзүлүп жатканда планды аткарабыз деп жапырт текшерүүлөр күч алган. Бирюлеводогу окуядан кийин кармаган жеринен эле камаган учурлар көп болгон. Ашыкча да кеткен десек болот. Мигрант мыйзам буздубу же бузган жокпу териштирген эмес. Азыр болсо бир аз тынчып калды. Бирок пландуу түрдө текшерүүлөр жүрүп эле жатат.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт. Мигранттар жылына өлкө казынасына 2 миллиард долларга жакын каражат жөнөтөт. Бул кыргыз экономикасы үчүн олуттуу сумма. Бирок акыркы учурда Орусия Борбор Азиядан келген мигранттар үчүн мыйзамдарды катаалдантууда. Мыйзам бузду деген мигранттар “кара тизмеге” киргизилип, Орусияга кирүүсүнө тыюу салынууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматында, кара тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны ушу тапта 60 миңге чамалады.

Бөрү баласын ит кылган Аман ага

Орусия “Манасты” сурады

Орусия Кыргызстандагы “Манас” эл аралык аба майданына инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Бишкекте 19-февралда кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү “Манаска” инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ниет меморандумга кол койду. Тараптар азырынча инвестициянын шарттары тууралуу макулдаша элек.

Орусиядан өкмөттүк делегацияны Федералдык бажы кызматтын жетекчиси Андрей Бельянинов баштап келди. Кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда энергетикалык долбоорлор тууралуу да сөз болду.

Орусия “Манас” аба майданына 1 миллиард доллар инвестиция салууну убада кылып жатат. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азырынча инвестициянын шарттары, акциялардын үлүшү макулдашыла элек:

- Аба майданда биз хаб уюштурушубуз керек. Чет өлкөлүк учактар көбүрөөк конуп-учушу абзел. “Манастан” америкалык база кетип жатат. Биз ошончо көп учуп-конгон аскердик учактардын ордуна жарандык учактарды кабыл алышыбыз керек. Орусия чоң мамлекет, алардын аба компаниялары көп. Алар биздин аба майдан аркылуу канчалык көп учуп баштаса, көп жүргүнчүлөр каттаса, биздин бюджетке көбүрөөк каражат түшөт. Ошон үчүн Орусия бизге керек.

Оторбаев Москванын Оштогу эл аралык аба майданды оңдоп-түзөп берүү ниети бардыгын кошумчалады:

- Ош аба майданын жаңыдан куралы деп жатабыз. Себеби, бул аба майдандын келечеги абдан кенен. Бишкекте “Манас” аба майданынын жалпы базардагы көлөмү 2 миллион киши болсо, Оштуку 15 миллион болуп атат. Өзбекстандын, Тажикстандын жакын экенин эске алсак, бул аба майдандын келечеги кенен. Бирок ал жакта учуп-конгон тилкеден тарта, имаратына чейин жаңы курушубуз керек. Баткен аэропортун өнүктүрүшүбүз зарыл. Бардык жакка инвестиция керек. Ошондуктан биз “Роснефть” компаниясы менен келишимдердин принциптерине кол койдук. Буйурса ошонун негизинде долбоорлорду даярдап, Жогорку Кеңешке көрсөтөбүз.

“Манасты” Орусияга берип-бербөө маселесин Жогорку Кеңеш чечет. Кыргыз парламенти буга чейин ири өлчөмдө инвестиция салат деген жүйөө менен “Кыргызгазды” толугу менен Орусияга 1 долларга сатканга макул болгон эле.

Бейрасмий маалыматка караганда Москва Бишкектен аба майдандын 51 пайыз акциясын сурап жатат. Мындан улам айрым эксперттер Орусия “Манаска” толугу менен көзөмөл жүргүзүп калат, кыргыз учактары учуп-конгону үчүн Орусияга акча төлөгөнгө мажбур болот, Москванын “каш-кабагын” байкап учуп калат деп сындай баштады.

Кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү 19-февралда Бишкектеги жолугушууда энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да документтерге кол койду. Тактап айтканда, Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жагдайларын тактады.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Райымбек Мамыровдун айтымында, Орусиядан Жогорку Нарын каскадына келген 1 миллиард рубль акчанын үчтөн эки пайызы колдонулду. Ага жумушчулар жашай турган турак-жай салынды, бетон завод куруу үчүн жабдуу келди, андан сырткары суу чыгарылып, электр зымы тартылды:

- Ишти этап менен жүргүзүү боюнча эки тарапка акционердик коомдун уставдык капиталын түзүү маселелерин май айына чейин бүтүрүү боюнча тапшырма берилди. Экинчиси - “Русгидрого” октябрь айына чейин Жогорку Нарын каскадынын курулушун каржылоону жүз пайыз чечүү боюнча тапшырылды. Ага чейин мен жогоруда белгилеген акчанын эсебинен курула берет. Убактылуу курулуштар болуп жаткан жердин жалпы аянты чыгарылган. Ал 240 гектар. Анын акчасы эсептелип, “Электр станциялар” акционердик коому Нарын облусуна 10 миллион сом акча берген. Ал деген 2013-жылдын түшүмүнөн кеткен чыгашаларды компенсация кылуу үчүн берилген акча. Андан сырткары азыр ГЭСтерди курууга керектеле турган жердин аянты такталып жатат. Бул тактоо май айында бүтөт.

Буга чейин орусиялык айрым басылмалар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун кыргыз тарап кечеңдетип жатат деп жазып чыгышкан эле. Анда ГЭС курула турган жердин документтери даяр эместиги айтылган. Энергетика министринин орун басары бул мүчүлүштүктөр жоюлганын билдирди. Орусия аталган ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп берген, кыргыз тарап ага өзүнүн кошумча-алымчасын, тактоосун киргизди. Соңку вариант март айынын этегинде даяр болот:

- Кыргызстан тарап долбоорду ишке ашырууда кээ бир маселелерди кармап атат деп айтып чыгышкан. Анын ичинде жер маселеси да бар эле. Кечээ бул маселенин баары чечилди. Биз болсо акча каражатын берүү кечигип жатат деп айтып жатканбыз. Кечээ бул маселе да чечилип, даталар коюлган конкреттүү документ кабыл алынды. Май айында Камбар-Ата-1 жабык акционердик коомунун уставдук капиталы бекийт, июнь айында насыянын биринчи траншын алуу боюнча документ даярдалат. Ал эми октябрь айынан тарта акча келе баштайт.

Нарында төрт ГЭС жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү 2012- жылы макулдашкан. Долбоорлор өзүн актаганга чейин башкаруу Орусия тарапта болот, андан кийин гана үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.

Жат жерде чатакташкан кошуналар

Орусиядагы мигранттардын жатаканасы.

Акыркы эки айда эле Орусиядан кыргызстандык жети мигранттын сөөгү келди. Алардын ичинен экөө өзбекстандык жарандар тарабынан өлтүрүлгөн.

Бул окуяларга байланыштуу Питердеги кыргыз жана өзбек диаспоралары сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Катар-катар кол салуулар

15-февралда Орусиянын Звенигород шаарындагы аскер бөлүгүнө жакын жерде Чүй облусунун Кант районуна караштуу Люксембург айылынын 44 жаштагы тургунунун сөөгү табылды. Медициналык экспертиза ал күч колдонулуп өлтүрүлгөн деген бүтүм чыгарган. Көп өтпөй Орусиянын укук коргоо органдары бул ишке шектүү катары Өзбекстандын эки жараны кармалганын маалымдады.

16-февралда Санкт-Петербург шаарындагы Москва районунда Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 27 жаштагы келин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул учурда да маркумдун өлүмүнө шектүү катары Өзбекстандын бир жараны кармалганын жергиликтүү милиция кабарлады.

Бул маалыматтарды Орусиядагы Кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” тастыктады:

- Москва облусунун Одинцово районунда 44 жаштагы кыргызстандык жаранды өлтүргөн деген шек менен Өзбекстандын эки жараны кармалган. Бул тууралуу бизге ошол аймактык милиция бөлүмү маалымдады. Ал эми 16-февралда Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда өлтүрүлгөн кыргызстандык 27 жаштагы тургундун өлүмүнө шектүү катары Өзбекстан Республикасынын жараны кармалганы тууралуу бизге расмий маалымат түштү.

Өткөн күздө Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстандын жарандары чатакташып, ок атышуу болгону кабарланган. Ошол учурда бул маселе боюнча эки тараптын диаспора өкүлдөрү жолугушуп, жат жерде тынч, достукта жана ынтымакта жашоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн эле.

Питерде көп жылдардан бери жашап келе жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлү Өктөм Мамаева 16-февралдын түнүндөгү карасуулук кыздын өлтүрүлүшүнө байланыштуу да эки тараптуу сүйлөшүүлөр болоорун “Азаттыкка” билдирди:

- Күзүндө да эки элдин диаспоралары жолугуп сүйлөшкөнбүз. Азыркы учурда да бул жердеги кыргызстандык диаспоралардын мүчөлөрү өзбек диаспорасынын жетекчилери менен жолугуп, ынтымакта жашоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүнү чечип атабыз.

Жаңы жылдан бери эле жети мигрант ажал тапты

Санкт-Петербург шаарында иштеген кыргызстандык мигранттардын расмий саны үч миң, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, 25 миңдин айланасында. Алардын көпчүлүгү орус жарандыгын алышкан.

Өктөм Мамаеванын айтымында, Борбор Азиядан барган мигранттарга диаспоралардын тили өтүшү да кыйын:

- Ачыгын айтуу керек, мигранттар азыр диаспоралар менен деле иши жок болуп калды. Тааныш-туугандары аркылуу келишет, жумуш, жашай турган жердин баарын ошолор аркылуу эптеп таап, иштеп-жашап жүрүшөт. Бизге болсо качан гана документи жоголсо, же бир жакын тууганы, же таанышы жамандыкка кабылса гана кайрылышат. Жолугушууларды өткөрүп, таанышууга да көбүнчө иштен бошобой келишпейт.

Москвадагы жана Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспоралары бул окуяларды улут аралык кастыкка байлоого негиз жоктугун билдиришүүдө. Алардын бекемдөөсү боюнча акыркы эки жарандын өлүмүнө тең кадимки эле турмуштук чыр-чатак себеп болуусу ыктымал.

Жаңы жылдан берки кыска убакытта Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жети мигрант түрдүү себептер менен набыт болгон. Алардын ичинен бирөө - 37 жаштагы Айбек Кемелов 8-февраль күнү Москва облусундагы Мытищи шаарында поезд астында калып, каза тапканы кырсык катары катталды.

Калган учурлардын баарында набыт кеткендер киши колдуу болушканы кабарланууда. Орусиядагы элчиликтин маалыматы боюнча, азыр алардын өлүмүнө байланыштуу иликтөөлөр жергиликтүү күч органдары менен чогуу жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 550 миңдин айланасында. Ал эми такталбаган маалыматтарда миллиондон ашуун экени айтылат.

Киевдеги кырдаалдын Кыргызстандагы талашы

Киевдин Көз карандысыздык аянтындагы түтүн. 20-февраль, 2014

Интернеттеги Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык колдонуучулары Украинадагы абалды талкуулоодо эки жаат болуп, талашып-тартышууда.

Алардын бир тарабы президент Виктор Януковичти колдосо, экинчи тарабы демонстранттарды кубаттап жатат. Украинадагы кырдаалды талкуулап, ага баа берүү кыргыз коомчулугундагы орусиячыл жана батышчыл делген пикирлердин кагылышын көрсөттү.

Украинадагы окуялардын түпкү себеби да батышчыл жана орусиячыл болуп бөлүнүп калуудан улам келип чыкты деген пикир басымдуу.

Орусия жана Батыш болуп бөлүнүү Кыргызстанда да бар

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин пикиринде, Кыргызстандагы батышчыл же орусиячыл болуп бөлүнгөн идеологиялык көз караштардын кагылышы Украинадагыдай терең эмес.

- Албетте, Кыргызстанда деле Украинадагыдай саясий суроолордун үстүндө бөлүнүүчүлүк бар. Бирок Украинадагы бөлүнүү бир топ башка деңгээлде, тереңирек десек болот. Ал жердеги бөлүнүүчүлүк бир гана батышчыл же орусиячыл эмес, мурдатан келаткан Батыш Украина, Чыгыш Украина сыяктуу баскан жолунун, ошондой эле диндин негизинде да болуп келген.

Кыргызстанда карапайым калкта көп байкалбаганы менен орто катмарда, бизнес чөйрөсүндө жана саясатчыларда орусиячыл жана батышчыл болуп бөлүнүү бар экенин дагы бир саясий эксперт Марс Сариев кошумчалады.

- Интеллигенцияда, биснесмендерде жана саясатчыларда бөлүнүүчүлүк бар, бирок жалпы элде жокко эсе. Маселен, жыйырма жыл аралыгында Батышта окуп, Батыш менен бизнес кылган ишкерлер пайда болду. Ошол эле кезде Орусия менен тыгыз иштеген бизнесмендер да бар. Интеллигенция арасында дагы Батыштын демократиясын колдогондор, ошону менен бирге, тескерисинче Орусияны жактаган джа катмар бар.

Орусия менен тыгыз мамилени жактагандар арасында орус тилдүүлөр арбын.
Тарыхый жана экономикалык кызматташтыкты мисал тартып, ал жакта бир миллионго чукул кыргызстандык мигрант бар экенин айткандар Кыргызстандын келечегин Орусияга байлашат.

Экономист Жумакадыр Акенеев экономикалык кызматташтык боюнча Орусия биринчи орунда экенине токтолду:

- Инвесторлор да Орусиядан келип жатат. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын экспорту да Орусияга багытталган. Эң негизгиси, 700 миңдей эмгек мигрантыбыз Орусияда иштеп, мамлекеттин бир жылдык бюджетине караганда 1,5 эсеге көп акчаны Кыргызстанга которуп, анын эсебинен бул жакта экономикабыз кылдырап жатат.

“Же Орусия, же Европа”

Акенеев Украинадагыдай “же Орусия, же Европа” дегидей, Кыргызстанда тандоо жокко эсе деп эсептейт. Мындай пикирге Украинадагы окуяларга, Бажы биримдигине байкоо салып келаткан эксперт Денис Бердаков да кошулат.

- Бизде да келечекте “же Батыш, же Орусия” деген тандоо туруп калат деп ойлобойм. Анткени, Украина өзү Европада жайгашкан. Ал эми Европа кайда да, Кыргызстан кайда? Биз Европадан болгону баалуулуктарды гана алышыбыз мүмкүн. А Бажы биримдиги болсо экономикалык гана биримдик. Ал Кыргызстандагы демократиянын деңгээлине жана баалуулуктарына такыр таасир этпейт. Бул Путиндин саясий долбоору дегендер да бар дечи, бирок эми ар кимдин өз пикири болот да.

Ошол эле кезде Орусия менен өтө жакын ымала түзүү өлкөнү артка, диктатурага тартат дегендер да бар. АКШдагы, жалпы эле Батыштагы жетишилген демократиялык өнүгүүлөрдү өлкө турмушуна киргизгенде гана Кыргызстан өнүгөт деп, жар салып келаткандардын бири Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков. Ал жакынкы келечекте Кыргызстанда да демократия менен авторитаризмдин карама-каршылыгы күчөшү мүмкүн деген ойдо:

- Келечек бул Батышта эмес, келечек бул демократияда, келечек парламентаризмдин өнүгүшүндө болуп жатат. Биздин аң-сезимибизге Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары өздөрүнүн туура эмес түшүнүктөрүн, идеологияларын сиңирип ташташкан. Демократия десе эле бул жаман, Батыштыкы дешет. Ал эми бир адамдын көзүн карап отурсак, бул жакшыдай сезилет. Демократиялык мамлекет курабыз деген адамдар Кыргызстанда жетиштүү.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, эгер дүйнөлүк чоң оюңчулар кызыкдар болсо, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселесине геосаясий боёк сүртүлүп, өлкө ичинде саясий чыңалууга себепкер болушу мүмкүн.

Экономист Жумакадыр Акенеев болсо, жалпы улуттук маселелерде орток пикир табылбай эл эки жаат болуп калса, аларды референдумга алып чыкса да болот деп эсептейт.

Ош: имамдын шектүү иштери иликтенүүдө

Террорчул топтун жетекчиси деп шектелген Бахрам Мамасадыков Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 19-февраль, 2014.

Ошто террорчулукка шектелип кармалгандардын жетекчиси Кара-Суудагы мечиттердин бирининин имам-наиби болуп чыкты.

Ал жакында эле колго түшкөн алты адамды жихадга үндөп, конституциялык түзүмгө каршы үгүт жасаган деп айыпталууда. Кармалган диниятчы шериктери сыяктуу эле Сирияга барып келген. Бирок имам-наиб Бахрам Мамасадыков өзүнө коюлган кинелерге макул эмес.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун маалымдашынча, Кара-Суунун Кызыл-Мээнет айылынын имамынын орун басары террорчулукка шектелип кармалган 6 адамдын уюштуруучусу болгон деп айыпталууда:

- Кармалган 6 адамдын жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде, бул жамааттын, башкача айтканда террористтик топтун жетекчисин кармадык. Ал адам Кара-Сууда жайгашкан мечиттердин биринин имамынын орун басары деп көрсөтмө беришти. Ал 1980-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны. Буга чейин эл толгон жерлерде, жыйындарда жана топтун арасында адамдарды ачыктан-ачык жихадга үндөп, мыйзамга туура келбеген, ал эмес Курандын да талаптарына туура келбеген үгүт-насааттарды айтып жүргөн. Ал Кыргызстандын конституциялык түзүмүн кулатууга аракет кылган деп айыпталып кармалып олтурат.
Кармалган киши “тонолгон, уурдалган акчалардын 50 пайызы Сирияга, жихадга жөнөтүлүшү керек, ал эми калган жарымы өзүбүздүн керектөөлөрүбүзгө, курал-жарак алганга жумшалышы керек” деген үндөөлөрдү айтып турган.
Замир Сыдыков

Сыдыковдун белгилешинче, кармалган кишинин үйүнөн да экстремисттик маанайдагы компакт-дисктер, китеп баракчалар жана компьютердик каражаттар табылган. Аз күн мурда террорчулукка шектелип колго түшкөн 6 адамдын үйүнөн да ушундай эле буюмдар алынган эле:

- Кармалгандардын жана анын өзүнүн айтымында, имам-наиб “арам жол менен табылган бизнесмендердин, ири кызматта иштеген адамдардын, же болбосо бакшылардын (көзү ачыктардын) үйүн тоногонго, алардын акчасун алууга дин уруксат берет” деп ошол топту үгүттөп келген. “Тонолгон, уурдалган акчалардын 50 пайызы Сирияга, жихадга жөнөтүлүшү керек, ал эми калган жарымы өзүбүздүн керектөөлөрүбүзгө, курал-жарак алганга жумшалышы керек” деген үндөөлөрдү айтып турган. Бул кармалгандардын экөөсү Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышып, атайын даярдыктан өтүп келген.

Ал эми кармалган диниятчы Бахрам Мамасадыков болсо, жаштарды экстремисттик маанайга үндөбөгөнүн, Сирияга барып, жихадга катышууга үгүт жасабагандыгын айтууда. Ал учурда Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат:

- Мен Кыргызстанда ислам мамлекетин курууга чакырган эмесмин. Жихад жөнүндө аяттарда айтылып калса, ошолор жөнүндө суроолор болуп калса, сүйлөп койчумун. Бирок “Кыргызстанда жихад кылыш керек, же Сирияга, башка жактарга барып согушка катышуу керек, баргыла” деп айткан эмесмин. Мен бир жерге нике окуганы баратып, балдар бир үйгө баарлашууга чакырып калышканынан кирип калгам. Анан бакшылар жөнүндө суроо беришкенде “бакшыларды көрсөңөр өлтүргүлө” деген хадис бар деп айтып, аз-маз сүйлөшүп олтуруп чыгып кеткем. Анан ошол балдар менин сөзүмдөн кийин бир бакшынын үйүнө кирип, эч нерсе таба албай кайра чыгышкан. Аларды мен андай кылат деп ойлогон эмесмин. Анан ошого менин тиешем болуп калып атат.

Бахрам Мамасадыковдун өзүнүн айтымында, ал 1998-жылдан 2005-жылга чейин Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылындагы “Абдрашит кары” мечитинде баш имам болгон.
Мамасадыков туруп-туруп эле бир акыйдадан башка акыйдага секирип кете берет. Анда да толук жүрбөй эле, кайра баягыдай “Сирияга баргыла, жихадга баргыла” деп үндөп жиберген учурлары болгон
Сүйүн ажы Калыков

2005-2006-жылдары Сауд Арабиясында, Сирияда билим алып келген. Андан кийин аз убакыт Кашкар-Кыштак медресесинде мүдүр, 2012-жылдан кийин “Абдрашит кары” мечитинде кайрадан имамдын орун басары, диниятчылардын тили менен айтканда имам-наиб болуп иштечү.

Бирок Сирияга байланыштуу окуялар боюнча Мамасадыков өзү мындай дейт:

- Мен өзүм Мекеден, кийин Сириядан Куран боюнча сабак алып келгем. Кийинчерээк биздин айылдан бир бала 2009-2010-жылдары Сирияда университетте окуп келди. Кийин бул жакка келип, бир жылча жүрүп анан кайра Сирияга кеткен. Ошол боюнча келе элек эле. Анан 2013-жылдын август айларында каяктандыр менин телефонумду таап Сириядан чалып, менден жардам сураган. “Биз кыйналып атабыз, жалпы мусулман эл кыйналып атат, суукта калдык, ачка калдык ошого акчадан жардам бериңиздер” деген. Бирок мен биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок аракет кылабыз деп айтканмын. Анан балдарга Сириядагы боордошторубузга жардам берип коёлу деп кеңеш кылгам. Бирок ушу кезге чейин бир сом да жардам кыла элек болчубуз.

Райондук казыят Бахрам Мамасадыковго радикалдык маанайдагы билдирүүлөрү үчүн буга чейин бир катар эскертүүлөр берилгенин ачыктоодо. Кара-Суу районунун казысы Сүйүн ажы Калыков ал ошонун айынан да өткөн жылдын башында эле имам-наибдик кызматынан бошотулганын айтат:

- Бахрам Мамасадыков биздеги бир да мечитте расмий имам болуп иштебейт. Имам-наиб деген кызматтан да 2013-жылдын 27-мартында бошотконбуз. Ал учурда “Абрашит кары” мечитинде имам-наиб эле деген сөз чындыкка туура келбейт. Мурда аны илимдүү, элге кызмат кылсын деп 2 жолу баш имам кызматына койгонбуз. Мамасадыков туруп-туруп эле бир акыйдадан башка акыйдага секирип кете берет. Анда да толук жүрбөй эле, кайра баягыдай “Сирияга баргыла, жихадга баргыла” деп үндөп жиберген учурлары болгон. Бир туруп эле салттуу исламдан, Имам аззам мазхабынан сөз кылып калат, бир туруп эле кээде бир болбогон нерсени балп эттирип салчу. Анан анын акыйдасы бузуктугун билип, биз бир жыл мурун эле ушундай чечим кабыл алганбыз.

Улуттук коопсуздук комитети менен ички иштер башкармалыгынын атайын операциясынын натыйжасында, 14-февралда Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун мүчөлөрү делген алты адам кармалган.

Шектүүлөрдүн унаасынан колдо жасалган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана беткаптар табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын айрымдары Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы аныкталган. Кармалган топ Бишкек жана Ош шаарларында террористтик акцияларды уюштурууга даярданып жатканын УКМК буга чейин айтып чыккан эле. Учурда аларга карата бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, сурак жүрүүдө.

Маалым болгондой, учурда Ош облусунда 800дөн ашык мечит бар. Анын эки жүзү Кара-Суу районуна туура келет.

Видео жаңылыктар, 19-февраль 2014.

Видео жаңылыктар, 19-февраль 2014.
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

Мигранттын Москвасы - 2

Мигранттын Москвасы - 2
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:19 0:00

Мигранттын Москвасы - 2

Мигранттын Москвасы - 2
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:33 0:00

Мигранттын Москвасы - 2

Мигранттын Москвасы - 2
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:56 0:00

Ошту оңдоодогу эсеби чыкпаган миллиарддар

Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири. Ош шаары, 28-июль, 2012.

Жогорку Кеңеш жоюлуп кеткен Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин кайра текшерүүнү Эсеп палатасына тапшырды.

Парламент ошондой эле Башкы прокуратураны дирекциянын жооптуу жетекчилеринин ишине укуктук баа берүүгө милдеттендирди.

Депутаттык комиссия “ири каржылык мыйзам бузуу орун алган, үйлөр сапатсыз курулган, миллиондогон каражаттын эсеби жок, акчага көзөмөл болгон эмес, коррупцияга атайлап жол ачылган” деп дирекциянын биринчи төрагасы, азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди айыптап жатат. Өкмөт башчы болсо дооматты четке кагып, депутаттарды маселени саясатташтырып жатат деп күнөөлөп келет.

Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин азыркы чкакырылышында депутаттык комиссиянын корутундусу комиссия мүчөлөрү тарабынан биринчи жолу бир добуштан колдоого алынды.

Парламентте Эсеп палатасы мамдирекцияны кайра текшерип бүткүчө Жантөрө Сатыбалдиев убактылуу кызматтан четтеп турсун деген сунуш колдоо тапкан жок. Өкмөт башчы да иштен четтеп туруудан баш тартты.

Ири суммадагы акчалардын эсеби жок

ЖКда жана коомчулукта Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясына берилген акчалардын эсеби чоң талкуу-талаш, суроо жаратты. Дирекция түзүлгөндө келген-кеткен каражат үчүн атайын фонд ачылган болчу. Каражаттын ачык-айкын, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө максатында Байкоочу кеңеш түзүлгөн. Ага кыргыз өкмөт өкүлдөрүнөн сырткары бейөкмөт жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү да кирген.

Мамдирекция курган үйлөр, Ош, 28-июль, 2012.
Мамдирекция курган үйлөр, Ош, 28-июль, 2012.
Депутаттык комиссиянын эсеби боюнча, июнь коогасынан кийин үч жылдын ичинде дирекцияга мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн каражаттын жана грант, гуманитардык жардам түрүндө келген акчанын жалпы суммасы 11,5 миллиардга жакын сомду түзгөн.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев бул каражаттын теңинен көбүнүн эсеп-кысабы чыкпай жатканын айтууда:

- 11,5 миллиард сом түшкөн болсо, ошонун 4,6 миллиардынын эле документи бар экен. Калганынын документи жок. Бул деген миң сом, же миллион сом эмес да. Миллиарддаган сомдун эсеби чыкпай жатса ким жооп берет? Ошол кезде Ошто бийлик жок болчу деп шылтоо кылып жатышат. Убактылуу өкмөт дирекциянын башчысына вице-премьердикиндей макам берип, каражатты көзөмөлдөсүн, баары мыйзамдуу болсун деген токтом кабыл алган да. Анан бүгүн баары жакшы деп элди бир алдаса болот, эки алдаса болот. Бирок дагы канчага чейин алдоо керек?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган мурунку мамдирекция өкүлдөрү депутаттык комиссиянын корутундусунда жазылгандан аз сумманы көрсөтүп жатат. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү бөлгөн каражат, ошондой эле грант жана гумжардам ирээтинде келген акча 9,3 миллиард сомду түзөт. Анын 7,7 миллиарддан ашыгы колдонулган.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын мурунку төрагасы Жусупжан Жээнбековдун билдиришинче, донорлордун талабы менен четтен келген каражат дирекциянын атайын фонду аркылуу эмес, коммерциялык банктар аркылуу пайдаланылган:

- Бир топ дооматтар суу кечпейт. Биз болгону 4,6 миллиард сомду иштеткенбиз. Калган акчалардын баары донорлордун акчалары. Чет өлкөлүк донорлор, эл аралык уюмдар өздөрү берген акчаны өздөрү короткон.

Антсе да депутаттык комиссия мамдирекция Атайын фонддогу акча топтоо тууралуу өкмөт токтомун аткарган эмес, муну менен коррупцияга атайлап жол берилген деген корутунду чыгарды.

Комиссиянын төрагасы, депутат Нарынбек Молдобаев дирекция каражатты көзөмөлдөө укугун пайдаланбаганын сынга алды:

Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири.
Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири.
- Донор өлкөлөр өзү акча берген, өзү бүтүргөн, биздин анда эмне ишибиз бар деп атат. Убактылуу өкмөт токтом кабыл алып жатканда дирекциянын башчысына вице-премьерлик укук берген. Мыйзамды одоно түрдө бузган деген баа берсе болот. Атайын фонд тууралуу да Убактылуу өкмөт токтом чыгарган. Бул дагы аткарылбай калган. Байкоочу кеңеш боюнча да ушундай. Мунун ар бири кылмышка жатат. Жоопкерчиликтен качып жатышат, муну курулай актануу деп койсо болот.

Депутаттык комиссия Эсеп палатасы мамдирекцияны формалдуу түрдө гана текшерген деп айыптады. Андан сырткары каражаттын ачык-айкын, сарамжалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт деген Байкоочу кеңештин иш-аракети талданган эмес. Эл аралык, бейөкмөт жана мамлекеттик органдардын каражатты көзөмөлдөө боюнча иштери тууралуу такыр маалымат жок.

Бирок Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору Шамырза Абдыбаитов депутаттык комиссиянын бүтүмүнө макул эмес:

- Эсеп палатасы 1, 296 миллион сомдук кемчилик тапкан. Анын баарын ордуна коюуга жетишкенбиз. Бүгүнкү күндө мамлекеттик дирекциянын эсебинде калдык акча жок. 2013-жылдан тарта дирекция жабылганда бухгалтериясы кимден аласа-бересеси бар экенин тактап, эсептешип бүткөн. Кайра текшерүү жүргүзүү бир жагынан кыйын болот. Анткени документтердин баарын арзивге өткөрүп салышты. Негизинен үч жолу текшерүү болгон. Биринчи ирээт Жантөрө Сатыбалдиев иштеп турган кезде текшерилген. Жалпысынан өз баасынан ашыруу боюнча 41 миллион сом чыккан. Ал каражат ордуна коюлган. Калган сумма болсо кийинки текшерүүлөрдө аныкталган.

Ача маалымат арбын

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мамлекеттик дирекциянын ишине байланыштуу сегиз кылмыш иш козголгон. Баш прокурордун орун басары Улан Калдаров кылмыш иштин теңи сотко өткөнүн, үч кылмыш иш кыскартылган, ал эми бирөө тергелип жатканын маалымдады:

- Мамдирекцияда иштеген эксперт Мамытов ссудаларды туура эмес берип, бул боюнча төрт кылмыш иш козголгон. Анын үчөө ссудага байланыштуу, ал эми бирөө ошол ссудаларды берүүдөгү мыйзам бузууну жабуу үчүн пара бергени боюнча. Жалпы чыгым 450 миң сомду түзгөн. Кылмыш иштер тергелип бүтүп, айыпталуучу төрт жылга эркинен ажыратылып, бир жыл шарттуу кесилди.

Жаңы үйдүн алдындагы чөгүп кеткен жер. Ош, 3-декабрь, 2011.
Жаңы үйдүн алдындагы чөгүп кеткен жер. Ош, 3-декабрь, 2011.
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын ишин текшерген депутаттык комиссиянын мүчөсү Туратбек Мадылбеков түзүлгөн коррупциялык схемалардын бети ачылган эмес деп каржылык мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын ишиндеги кемчиликти белгиледи:

- Мамдирекция 2010-2011-жылдар укук коргоо органдарынын көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Анткени ошол кезде мыйзамсыз жол менен ссуда алып, жасалма ар кандай документтер менен мамлекеттин акчасын ар кимге бере берген. Мындай фактылар аябай көп. Бул боюнча козголгон кылмыш иштерди карай турган болсок, ал жерде коррупция боюнча бир канча топ, схема турат. Бардык нерсе сүйлөшүп алып жасалгандай. Жасалма документ даярдаган көз боёмочу, мамдирекциянын бөлүм башчысы, эксперти болуп баары киришкен.

Мамлекеттик дирекция жалпысынан 173 объект курган. Азыр кээ бир үйлөрдүн кум-шыбагы куюлуп, эшик-каалгасы жакшы жабылбаганы, начар, сапатсыз курулганы тууралуу даттануу көп.

Курулган үйлөрдүн биринде жашагандар “Азаттыкка” буларды айтып беришкен эле:

Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин ичи, 2-февраль, 2013
Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин ичи, 2-февраль, 2013

- Мына бул ашкананын тушу. Канализацияны казган. Бош эле топурак төгүп койгон. Аны тапташ керек эле. Ушундан улам топурагы чөгүп кетти. Эми бул жерге кайра топурак куйдуруш керек. Чатырдан дагы суу акса, бул жер дагы чөгөт. Дирекциянын айтканы боюнча бир жыл карап, кемчиликтерин жоюп бериши керек экен.

- Ванналарыбыз тегиз эмес. Айрыкча дааратканаларыбыз тегиз эмес. Сыртынын баары көчүп атат. Үйдүн ичиндеги трубалар жарылып, суу чыгып, кышында абдан кыйналдык. Баарын өзүбүздүн эсептен оңдодук. Үч жылдын ичинде ушундай абалга келип калышы мүмкүн эмес да. Кеминде 10 жылга кепилдик болушу керек.

- Үйүбүз суук, жылуулук жок, ванна менен эле унитаз бар экен. Газ деле кече жакында келди. Сапатсыз үйлөрдү куруп, акчаларды башкага жумшаган да. Буга жооп бериши керек. Бул үйдү ким салганы деле белгисиз. Жантөрөнүн жамааты курган. Алар качып жүрөт.

- Башкаларга караганда биздин үй өтө эле начар курулган. Эптеп-септеп шыбаган жерин кайра шыбап, койгон жерин коюп жатабыз. Негизи талапка ылайык эмес болуп калды.


Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин алдындагы балдар аянтчасы, 3-декабрь, 2011
Оштогу жаңы үйлөрдүн биринин алдындагы балдар аянтчасы, 3-декабрь, 2011
Депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, курулуш иштери өз баасынан алда канча ашыра жазылган.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын төрагасы Назарали Арипов көп кабаттуу үйлөрдү куруудагы каржылык мыйзам бузууларга токтолду.

- 31 объект курулган болсо ошонун 20сына кошумча келишим менен дагы кошумча акча берилген. Мына, бир эле мисал: ”Ансар Трэйдге” башында 117 миллионго жакын акча берилген болсо, кошумча дагы 120 миллион кошуп берген. Натыйжада баасы 5 миллионго көтөрүлгөн. Азыр эми УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы иш козгоп, текшерип жатат. Кошумча каражат берилген 20 фирманы карай турган болсок 95 миллион сомдон ашык акча берилип жатат. Келишим түзгөндө ошонун баарын көзөмөлдөш керек эле, жүз миңдеген акчалар коррупциялык схема менен кымырылып кеткен.

Мамлекеттик дирекциянын курулуш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Курманалы Азимов курулуш иштеринин баасы ашыкча көрсөтүлгөн деген дооматты четке кагууда:

- Биз иштеген 30 айдын 18 айында текшерүү жүрдү. Бардык орган текшерди. Майда-чүйдө акчаны чөнтөгүнө салып алган кемчиликтер жоюлду. Чаралар көрүлдү. Эми бизге азыр чоң сумма боюнча айып коюп жатат. Мисалы үйдүн 1 квдрат метри 300 доллардан ашпаш керек экен. Эгер ошондой үй болгондо баары эле сатып алмак. Азыр Бишкекте миң доллардан ашты. Ошто болсо ичи бүткөрүлбөгөн үйлөрдүн баасы 450-500 долларга чыкты. Биз курган үйлөр бардык шарты менен, орточо социалдык үй болуп саналат.

Маяна боюнча да маселе барбы?

Мамдирекциянын кызматкерлеринин айлыгы боюнча да талкуу көп.

“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов парламентте Жантөрө Сатыбалдиевди дирекциянын кызматкерлеринин айлыгы, сыйлыгы деп олчойгон акча алган деп айыптады:

- Жантөрө Жолдошевич, ошол кыйын мезгилде сыйлык, сый-тамак, айлык акы болуп 4 миллион 270 миң акча кетип жатат. Бирөөлөр баласын, бирөөлөр атасын жоготуп жатса, өзүңүз баш болуп сыйлык алып жатасыз. Ушул уят эмеспи. “Быссмылда”, деп иш башталгандан тарта ал жерде сыйлык бериле баштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин чоң маянасын ошол кездеги кырдаал менен түшүндүрдү:

- Сыйлык деген эми мамлекеттик ишканадагы кадимки эле жол-жобо. Ал эми сый тамак дегенге кошулбайм. Айлыгын болсо биз макулдашканбыз. Убактылуу өкмөткө ошол кезде булар кыйын шартта иштейт, айлыктарын жакшы кылып коюп бергиле деп шарт койдум. Мындай шартты бардык эле киши коймок. Сыйлык болсо ошол убактын шартына туура эле келген.

Оштогу жаңы үйлөрдүн бири, 3-декабрь, 2011.
Оштогу жаңы үйлөрдүн бири, 3-декабрь, 2011.
Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин токтом кабыл алды. Анда дирекциянын биринчи жетекчиси, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Эсеп палатасына кайра текшерүүгө эки ай мөөнөт берилди. Башкы прокуратурага ири каржылык мыйзам бузууга жол берген дирекциянын жооптуу жетекчилирине жана дирекцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштерди токтоткон прокурорлорго укуктук баа берүү тапшырылды.

Мамдирекция 2010-жылы 19-июнда түзүлгөн. Июнь коогасында жабыркаган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү озуйпасын толугу менен аткарган деген жүйө менен 2013-жылдан тарта ишин токтоткон. Анын ишин иликтөө тууралуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин парламенттеги "Республика" фракциясы сунуштаган.

Чек арадагы ураган мектеп

Чек арадагы ураган мектеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Аида Кадырбаева: Рингден ары кадимки кызмын

Аида Кадырбаева (оңдо) таймаштардын биринде. Сүрөт Аиданын жеке архивине таандык.

"Журтташтар" түрмөгүбүздүн бул жолку коногу - учурда Москвада жашаган 18 жаштагы Аида Кадырбаева.

Учурда Москва мамлекеттик башкаруу университетинин студенти Аида профессионалдык бокс менен машыгып келатат жана алдыда оор таймаштарга катышып жатканын айтат. Кыргызстандан мындан тогуз жыл мурда Москвага үй-бүлөсү менен көчүп кеткен Аида Кадырбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, кантип бокс менен машыгып калганын айтып берди.

Кадырбаева: Мен кичинемден эле эркек балдар менен мушташып жүргөнүмдү айтышат. Ата-энем негизи эркек баланы каалашкан экен. Бокстун мага түпкү философиясы, идеясы төп келет. Мен да бир нерсе колуман келбесе, акыр- аягына чейин үйрөнмөйүн аны таштап койбойм. Рингдеги атаандашым менден күчтүүрөөк болсо, мен андан да көп машыгып, аны жеңмейинче токтотпошум керек деп билем.

"Азаттык": Бокс менен машыга баштаганыңызга бир эле жыл болгон турбайбы? Кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

Кадырбаева: Чындап айтканда, адам канча жыл машыкканы анча деле мааниге ээ эмес. 5-6 жыл машыгып деле эч нерсеге жетпегендер бар, ошол элде маалда жарым жылда ийгиликти багындыргандар көп. Бокс менен машыгуу үчүн генетика, буга ылайыктуу мүнөз болушу керек. Келип, мүшөктү ургулап эле кетип калбайсың. Талыкпаган машыгуулар керек. Чыдамкай болушуң шарт. Мен азырынча түрдүү таймаштарга катышып жатам. Чоң таймаштардын бири келерки айда, мартта Москва үчүн күрөштө болот. Келерки жылы Орусиянын чемпиондугу үчүн таймашка катышам. Мен азырынча Москва үчүн таймашты утканга аракет кылышым керек деп даярданып жатам.


"Азаттык": Сиз азыр бокс менен профессионалдык деңгээлде машыгып жатканыңызга ата-энеңиз кандай карайт?

Кадырбаева: Үйдөгүлөр менин бокс менен машыкканыма жакшы эле карашат. Атам дайыма таймаштарыма келип, колдоп турат.

"Азаттык": Сүйлөшкөн жигитиңиз барбы?

Кадырбаева: Жок. Азырынча абал бир аз оорураак, убактым жок.

"Азаттык": Бирок жигиттер сиздин боксер кыз экениңизден коркушпайбы?

Кадырбаева: Жок, коркушпайт. Мен залда урушуп, кээде жигиттерди да оодара урушум мүмкүн, бирок сыртка чыгаарым менен мен кадимки эле кызмын. Аял киши эмне менен машыкпасын, баары бир назиктигин жоготпой, аял бойдон калганы жакшы. Мен эң оболу аялмын.

"Азаттык": Аида, бокс сиздин жашооңузда кандай орунда болот деп ойлойсуз? Бул хоббиби же сиз профессионалдык деңгээлде аны менен машыгууну улантам деп жатасызбы?

Кадырбаева: Албетте, мен бокс менен профессионалдык деңгээлде машыгууну уланткым келет. Ошол эле маалда кайрымдуулук ишимди да таштап койгум келбейт. Аны мен эми гана баштап, эми гана база түзө баштадым. Бир нече балдар үйүнүн ишине жардам бере турган болуп, кечээ келишимге кол коюп келдик. Биздин кайрымдуулук ишибиз көбүрөөк онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам берүүгө арналат. Аларга оюнчук, кийим-кечек топтойбуз. Азыр демөөрчүлөрдүн базасын түзүп жатабыз. Байлардын арасында бизге жардам берем деген, ак ниет адамдар жок эмес.

А.Кадырбаева: "Болочокто жаш балдар менен иштеген кайрымдуулук корумду түзгүм келет"
А.Кадырбаева: "Болочокто жаш балдар менен иштеген кайрымдуулук корумду түзгүм келет"


"Азаттык": Аида, 18 жашта экениңизге карабай, окууңуз менен кошо спорт менен да машыгып, анан кайрымдуулукка да аралашам деп жатыптырсыз. Азыр бааарына жетишип жатасызбы?

Кадырбаева: Мен өзүмдү ар тараптуу өнүккөндү каалаган адам деп билем. Бир эле иш мага жетишсиз. Үйдө болсо китеп окуганды жакшы көрөм, көп окуйм. Бирок азыр спорт, окуу, кайрымдуулук болуп, тилекке каршы, китепке убактым барган сайын азайып баратат. Бокс менен күнүнө 1,5 - 2 саат машыгам, таймашка даярданганда күнүнө 2 сааттан эки жолу машыгам.

"Азаттык": Эмнелерди кыялданасыз, кандай максатыңыз бар?

Кадырбаева: Менимче, ар бир эле спортчунун максаты - Олимпиадада жеңишке жетишүү болсо керек. Мен да ошону кыялданам. Өзүмдүн кайрымдуулук корумду түзүп, бактылуу жубай, эне болгум келет.

"Азаттык": Сиз Кыргызстандан кеткенде 3-класста окугам дедиңиз. Азыр деле кайра мекениме кайтам деп жүрүптүрсүз. Негизи сиздин бүт эс-тарткан учуруңуз Орусияда өтүп жатат да. Кыргызстан сизге эмнеси менен кымбат?

Кадырбаева: Мекенимди сагынам. Тогуз жыл мурда Оштон көчүп жатканыбызда менден “Кеткиң келеби?” деп эч ким сураган деле эмес. Бүгүн эми мен, маселен, кээде жөнөкөй эле тандырда жабылган нанды ушунчалык сагынып кетем. Дагы жакшы, Москвада азыр кыргыздар көп. Дээрлик ар бир подьездде бир үй-бүлө табылат. Манты жасагың келсе, тигил же бул подьездге кирип эле таап келсең болот. Кыргызстандагыдай эле.

Сатылган завод, чечилбеген көйгөй

“Искра” гезити көп аял алуу маселеси боюнча ой-пикирлерге орун берди.

“Искра” аттуу гезиттин экинчи саны жарык көрдү. “Кургуйстан” деген редакциялык макала менен жаңы санын ачкан гезит андан ары Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевдин интервьюсун басты.

Жалил Сапаровдун макаласы “Жалал-Абад: нефти заводуна ким кызыгып жатат?” деген ат менен жарык көрдү.

Ушул эле автордун дагы бир макаласы “Кыргызстанда газ бейпилдиги болобу?” деп аталды.

Сандан санга интервью берип келаткан мамлекеттик ишмер Мамат Айбалаевдин бул жолку маеги “Бакиев Кадамжай сурьма комбинатын 96 миллион сомго казактарга сатып жиберген” деген ат менен окурмандарга тартууланды. Кадамжай сурьма комбинаты иштеп турган кезде Европага жылына 14 миң тонна сурьма сатып турган учурду, сатылган товардын көлөмү азыркы чен-өлчөм менен алганда 250 миллион долларды түзгөнүн эске салды. Айбалаев андан ары завод сатылбай иштеп, эгер ошол 250 миллион доллар мамлекетке түшүп турганда Баткендин бүгүнкү көйгөйлүү маселелери болмок да эместигин, ошол кезде дүйнө жүзүндө сурьмага болгон керектөө 80 миң тоннага жеткенин, дүйнө жүзү да адегенде Кадамжайдын сурьмасын сатып алып, анан гана кытайлардыкын сатып алып тургандыгын айтты.

Улуттук опера жана балет театрынын башкы деректири Тимур Саламатов “Театрдагы таланттардын баары четке кетип жатат” деп интервью берди. Деректир көптөгөн таланттуу жаштар айлыктын аздыгынан, үйү жок, жатаканада жашагандыктан Кытай, Корея, Орусия, Италияга кетип жатканын, кыргыз маданиятынын башкы театры кадрдык эле эмес, материалдык жактан да адам ыйлагыдай абалда турганын, өкмөт болсо баягы эле “акча жок” дегенден башка сөздү оозанбай келатканын кейиш менен кеп кылды.

Аталган гезит “Тарых сабактарынан” деген рубриканын алдында “1924-жылдан кийин Кыргыз мамлекетинин башында турган айтылуу мамлекеттик ишмер Жусуп Абдахмановдун “Күндөлүктөрүнөн” которуп жарыялаган.

“Көп аял алуу проблеманы чечүүнүн жолубу?” деген теманын алдында айрым жарандардын ойлоруна орун берилди.

Өзүбек ажы Чотонов:-Көп аял алууну мыйзамдаштыруу керек же болбосо мыйзамга жараша жашоо керек,-деп;

Чубак ажы Жалилов: - Эки аял алуунун негизги максаты - коомдогу жетимдерди кароого алуу, аларга толук үй-бүлөлүк тарбия берүү. Жесирлерге моралдык жана материалдык жардам берүү болуп эсептелет. Бирок сөзсүз түрдө жесирлерди аялдыкка алуусу милдеттүү эмес,-деп;

Окумуштуу Гүлзада Нармаматова:- Чубак ажынын коомдогу жарты үй-бүлөлөрдү колдоо, аларды калкалоо үчүн бир нече аялга үйлөнүүсү керек дегенине кошулам, бирок азыркы учурда балалуу келинди же экинчи же үчүнчү аял кылып алган эркекти көрө элекмин,-деп;

Окумуштуу Жээнбек Алымбаев: - Тарыхты карасак колунда бар бай-манаптар бир нече аялга үйлөнгөн. Аялдардын баары бир үйдө жашап, ортолорундагы маселе байбиченин уруксаты менен гана чечилген. Азыркы демократиялык коомдо аялдардын да, эркектердин да көз караштары башкача. Көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу кыйын,-деп жооп берди.

Тымызын тыңшоо демилгеси тынчсыздануу жаратты

Кыргызстандагы укук коргоо кеңеши жарандардын телефондорун тыңшоо, интернет байланыштарын аңдуу тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин демилгесине каршы билдирүү менен чыгышты.

Укук коргоочулар бул жарандардын укугуна жана эркиндигине шек келтирет деп эсептешет.

Телефон тыңшалып, интернет байланыш көзөмөлдөнөт

Билдирүүдө айтылгандай, Транспорт жана байланыш министрлиги демилге көтөрүп жаткан токтом долбоорунда бардык байланыш провайдерлери өз абоненттеринин телефон аркылуу сүйлөшүү, СМС билдирүү, интернет байланыштарын чогултуп, УКМКга берүүгө тийиш. Ошондой эле бул соттун уруксатысыз жүргүзүлөт, тыңшоо-аңдууларга кеткен бардык чыгымдар байланыш провайдерлеринин мойнуна жүктөлөт. Мунун баары өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин “Азаттыкка” Укук коргоо кеңешинин мүчөсү Дмитрий Кабак айтты:

- Маалымат чогултуунун купуялуулугуна арналган бардык кадамдар, анын ичинде жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүнө, интернет байланыштарына ар кандай кийлигишүүлөр сот чечими менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Бул демилгенин ээлери өздөрүнүн долбоорун мыйзамдан да өйдө коюуга аракеттенип жатышат. Ошондуктан, биз бул маселеге Жогорку Кеңеш көңүл буруусун каалайт элек.

Укук коргоочулар кеңеши Кыргызстанда мындай аракеттер адатта терс максатта колдонулуп, саясий шантаждын куралына айлануусу ыктымалдыгы, муну менен адам укугу жана эркиндиги бузуларын айтып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан парламенттик башкаруу системасына олуттуу коркунуч келтирерин баса белгилешүүдө.

СОРМ

Жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, интернет байланыштарын аңдууга байланышкан карама-каршы пикирлер мурда да айтылып келген. Телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшап, интернеттеги каттарды окуп, андагы түз сүйлөшүүлөрүнө чейин аңдууга мүмкүнчүлүк берүүчү атайын жабдыктар Чукул иликтөө иш-чаралар системасы деп аталат. Айрым маалыматтар боюнча бул жабдыктарды мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Күзөт кызматын башкарып турган бир тууган иниси Жаныш Бакиев 2008-2009-жылдары алдыртып келип, бардык интернет провайдерлерге, уюлдук компанияларга, “Кыргызтелекомго” орноткон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тыңшоо-аңдуу жүргүзүү ар кандай террордук актылардын жана башка жаман иштердин алдын алууга мүмкүнчүлүк берерин, бул мамлекеттин жана элдин коопсуздугу үчүн жүргүзүлөрүн бекемдөөдө.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурунку төрагасы Марат Иманкулов атайын кызмат тыңшоо-аңдууларды соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүүгө тийиш деп эсептейт:

- Мамлекеттик коопсуздукту сактоо, Кыргызстанды тышкы агрессорлордон коргоо максатында жана башка өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн мындай тыңшоо-аңдууларды жүргүзүүгө бир катар мамлекеттик органдарга уруксат берилет. Алар: ИИМ, УКМК. Бирок анын баары сот чечими менен гана ишке ашырылат. Ал үчүн убактысы так көрсөтүлүп, конкреттүү адамдарга атайын сот чечими чыгарылып, анын негизинде гана тыңшоо жүргүзүлүүсү керек.

Кимдин кызыкчылыгы үчүн?

Мурдагы бийликтин тушунда алып келинген тыңшоо-аңдуу каражаттары бүгүн да кадимкидей бийликтин атаандаштарына каршы колдонулуп жатат деген пикирлер да жок эмес. Бул маселе бир нече жолу парламент депутаттары тарабынан да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бул демилгени депутаттар көпчүлүк добуш менен колдоп берсе, Кыргызстанда жарандардын эркиндиги тууралуу сөз болууга да мүмкүн эмес деди:

- Анткени андай коркунуч бар, себеби бизде азыр Улуттук коопсуздук кызматы бир гана кишиге иштейт. Биздин учурда ал президент. Коопсуздук кызматы өкмөт башчыга да, парламентке да баш ийбейт. Ошондуктан, тыңшоо-аңдуулар менен чогулган маалыматтардын баары президенттин колуна түшөрү турган иш. Ал маалыматтардын баары жүз пайыз болбосо да, бир адамдын кызыкчылыгына иштөө коркунучу аябай жогору.

Жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, интернеттеги байланыштарын аңдууну байланыш провайдерлеринин өздөрүнө жүктөп, алынган маалыматтарды УКМКга берип туруу демилгесинин автору –Транспорт жана байланыш министрлиги азырынча демилгесин негиздеп бере элек. Ал эми Кыргызстандагы элди интернет, телефон менен камсыздап турган байланыш провайдерлери бул тууралуу ооз ачпоону туура көрүшөт.

Мас айдоочуга айыпты арбын төлөтүү сунушу

Кыргызстанда мас абалында машине айдагандардын саны өсүп, алар жол кырсыктарына себепкер болууда. Мындан улам Жол кайгуул кызматы рулга мас болуп олтуруп кармалгандар үчүн айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго көтөрүү керектигин айтып чыкты. Бейөкмөт уюмдар болсо мындай кадамга барууну эрте деп эсептешет.

Жол кайгуул кызматынын маалыматында, Кыргызстанда ар кандай жол кырсыгынан күнүнө 2-3 киши көз жумат. Кырсыктын себеби көп, бирок басымдуусу мас абалында машине айдагандардын айынан болот. Жакында эле Токмокту көздөй бара жаткан жолдо мас айдоочуга кабылып, аз жерден калган Бишкек шаарынын Намаз аттуу тургуну ушул тапта алган жаратынан операция болуп, үйүндө дарыланып жатат.

- Бутуман жараат алдым. Тизем сынып, сөөк майдаланып кетиптир. Келинчегимдин алты айлык боюнда бар эле. Кудай сактап ал жабыркаган жок. Машиненин ичиндеги жаздыкча иштеп, аман калды.

Намаздын айтымында, каршысынан качырып келип сүзгөн мас айдоочу алардын абалын сурамак түгүл, кайра өз айыбын Намазга кошо жүктөп, адвокат жалдап, жазадан кутулуунун амалын издеп жүргөн кези экен. Азыр баары тең бир ай ичинде чыга турган экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

- Биринчи тилкедеги машине экинчи тилкедеги машиненин каршысына чыга калып сүзүп жатат да. Анан катуу сүзгөндөн улам менин бир дөңгөлөгүм жалпы линияга чыга түшүптүр. Алардын адвокаты ошого такап, эки жактан тең кетти дегенге түртүп жатат. Бирок сокур кишиге деле көрүнүп турат андай болбогону. Биздин мыйзамдарды бурса бурула берет экен да. Азыр ар кимге чыгып чуркап жүрүшөт.

Жолдун сырын мыкты билген таксист Жаныбек адам өз коопсуздугун деле ойлоп, рулга отурарда спирт ичимдигинен оолак болууга аракет кылса деген ойдо. Анын пикиринде, рулга коркпой мас абалда отургандарын көпчүлүгү - ошол мыйзамды айланып өтө алган калың капчыктуулар болот, же болбосо жакшылыкты шылтоолоп, бир-эки ууртай коем деп өзүн өзү алдаган карапайым жарандар.

- Тойдон чыгышат. Жакшылык болгондон кийин сөзсүз кыйбас кишилерге жолугасың. Куда-сөөктөр менен отуруп каласың. Анан бир-эки стакан ичесиң дегендей. Эми ага мас деле болбойсуң дечи, бирок баары бир текшергенде каныңдан чыгат да, ал деле ичкенге жатат.

Жол кырсыгын азайтууга багытталган мыйзам долбоорлору боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети парламенттик угуу өткөрдү. Буга чейин депутаттар кырсыктын алдын алып, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн мас айдоочуга 10 миң сом айып акча төлөтүү сунушун айтып келишкен. Бүгүн Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги айып акчанын көлөмүн 50 миңге көбөйтүү демилгесин көтөрдү.

- Адамдардын ичип алып көп айдаганына айып акчанын аздыгы себеп болууда. 238-беренеге ылайык алар болгону 1500 сом төлөшөт. Бул кээ бир айдоочулар үчүн акча деле эмес. Жөн гана берип коюп кутулуп кетүүнүн жолу. Ошондуктан биздин Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги ушул айып акыны 50 миң сомго көтөрүү суранычы менен өкмөткө, парламентке кайрылып жатабыз. Азыр ушул маселе талкууланып, кудай буйруса чечилгени жатат, - деди Жол кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мухтан Сандыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдрахман Маматалиев бул сунуш такталып, бир чечимге келе электигин билдирип, демилгенин оош-кыйыштарын эксперттер талдай турганын кошумчалады.

Айып акыны көбөйтүү жол кырсыгын кыскартуунун бирден бир жолу деп эсептеп келген “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова айып акыны 50 миңге көтөрүү үчүн маичилер талаптагыдай техникалык жабдуулар менен камсыздалышы керек деп эсептейт. Антпесе жакшы демилге бат эле бурмаланып, коррупциялык көрүнүштөргө жол чаап бериши толук ыктымал деген ойдо:

- Мисалы азыркы күндө болгону 163 эле алкотестер бар. Бишкек боюнча 100 инспектор жетишпейт экен. Видеорегистраторлор дагы жок. Эгер айып акчаны дароо 50 миңге көтөрүп салса, анда инспектор менен айыптуу айдоочу сүйлөшө баштайт. Канчалык штраф чоң болсо, айдоочу ошонун жарымын инспектордун колуна бергенге аракет кылат. Азыркы шартта мындай кадамга баруу эртелик кылат.

Чындыгында азыр маичилер жолдо айдоочулардын ичкен-ичпегенин кантип текшеришет? Шаарда эл ташып иштеген Эмил аттуу айдоочу мындай жооп узатты:

- Үйлөп кой деп айтат. Күндүз текшербейт, кечинде саат ондон кийин үйлөтө баштайт. Жанагы эле техпаспортту кармап туруп үйлөп кой дейт. Аппарат тууралуу угуп жүрөм, бирок такыр көргөн эмесмин, - десе, дагы бир Руслан аттуу айдоочу:

- Негизи дайыма эле техпаспортту алып чыгып, бүктөп туруп, ошондон үйлөтүп алат. Андан бөлөк эч кандай прибору жок. Эгер талаш чыкса, Донецк көчөсүндөгү эле Наркологиялык диспансерге алып барат. Ошол жактан текшерет, - деп айтып берди.

Кыргызстанда 2013-жылы мас абалында машине айдап бара жаткан 17076 айдоочу кармалган. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 20,2 пайызга көп. Анын ичинен Бишкек шаарында 2012-жылы 2796 киши кармалса, 2013 - жылы бул көрсөткүч 5519га чейин жеткен. Ал эми 2014-жылдын бир жарым айында эле 1626 мас айдоочу колго түшүп, анын 38 адам өмүрүн алган кейиштүү кырсыктардын себепкери болгон.

Куттуу-Сай: парламент-өкмөт талашы

Куттуу-Сай 2 кени.

Куттуу-Сай кенин иштетип жаткан Stans Energy компаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча токтом Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда талаш жаратты.

Жогорку Кеңеш канадалык Stans Energy компаниясынын Куттуу-Сай кенин иштетүү лицензиясын жокко чыгаруу боюнча атайын токтом кабыл алган. Бирок Геология агенттиги Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде лицензияны жокко чыгаруу мүмкүн эместигин карманат.

Канадалык “Кутисай майнинг” ишканасынан Куттуу-Сай кенин иштетүү лицензиясын кайтарып алуу талабын Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев көтөрүп чыкты. Иманалиевдин жүйөөсүндө, өткөн жылы парламент аталган компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча токтом кабыл алса да, өкмөт аны аткарбай келет:

- Жогорку Кеңеш бул компанияга берилген лицензияны жокко чыгаруу боюнча чечим чыгарган. Ошондо Башкы прокуратура өкмөттүн токтому менен жокко чыгаруу болорун билдирген болчу. Бирок өкмөт муну атайын созуп отуруп, кечээ жакында канадалык көз боёмочу компания Москвадагы соода-өндүрүш палатасынын арбитражына бериптир. Кыргыз өкмөтү болсо буга макул болуп, сүйлөшүү жолу менен чечели деп жатыптыр.

Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан Куттуу-Сай кенинде күмүш, висмут, молибден, коргошун, бериллий сыяктуу бир катар баалуу металлдар бар. Алардын запасы 50 миң тоннадан ашык экени аныкталган. Бул кенди иштетүүгө лицензия канадалык Stans Energy ээлик кылган “Кутисай майнинг” компаниясына 2009-жылы берилген. 2012-жылы ал лицензиянын мөөнөтү узартылган. Бирок компания лицензиялык макулдашууларды аткарбай жатканы боюнча кыргыз парламентинде маселе көтөрүлүп, лицензияны жокко чыгаруу өкмөткө тапшырылган. Башкы прокуратура былтыр март айында “Кутисай майнингдин” мүлкүн камакка алган. Бирок кенди иштетүү боюнча лицензия кайтарылып алынган эмес.

Өкмөттүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси Элдияр Муканов “Кутисай майнингден” лицензиясы ажыратылбай жатканынын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин чечимдеринин негизинде лицензияны кайтарып алуу жобосу жок. Мисалы, “Жер казынасы” тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде так, даана кайсы негиздер менен лицензияны жокко чыгаруу жазылып турат. Ал жерде комитеттин тапшырмасынын негизинде жокко чыгарылат деген берене жок. Ошондуктан, бул чечимди аткарууга мүмкүн эмес жана мыйзамга дал келбейт.

Геология агенттигинин позициясын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов да кубаттайт. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимди аткарууга мүмкүн болбогон учурлар арбын:

- Андай казустук учурлар көп. Жогорку Кеңештин токтомдору мыйзамга каршы келип, аткаруу мүмкүн болбой калып жатат. Анткени аны аткарсак, ал башка мыйзамдарга каршы келип калышы мүмкүн.

Ал ортодо Башкы прокуратура “Кутисай майнингдин” мүлкүн камакка алганына нааразы болгон Stans Energy компаниясы өкмөттү эл аралык арбитражга берип, 118 млн. долларга жакын доо койгону маалым болду. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Куттуу-Сай боюнча доо арыз келгенин тастыктап, учурда алар түшкөн документтерди иликтеп жатканын билдирди:

- Алар бизди Кыргызстанда иштетпей жатат деп нааразы болуп, эл аралык сотко берди. Алардын доосу 118 миллион доллар. Бирок биз аны негизсиз деп эсептейбиз. Ошондуктан, алар менен соттошууга даярданып жатабыз.

Ошол эле учурда Куттуу-Сай кенинин иштебей жатканынан улам бюджетке чоң суммадагы каражат түшпөй жатканын эксперттер белгилешет. Маселен, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетовдун айтымында, 2 миллиард доллардан ашык каражатка бааланган кенди иштетсе, таңкыстыгы күч кыргыз экономикасы үчүн эле пайдалуу болмок:

- Бул кендин пайдасы абдан чоң, Себеби, сейрек кездешүүчү металлдардын көпчүлүгү ушул эле жерде. Калган кендер деле жок. Аны иштетүүгө деле бардык шарттар бар. Фабрикасы курулган, жолдор бар. Бирок биздин жетекчилердин кызыкчылыгынан улам эле иштебей, бюджетке каражат түшпөй турат.

Эми Stans Energy менен соттошууга өкмөттүн кызыкчылыгын жаңы орган коргошу мүмкүн. Өткөн аптада кыргыз өкмөтү эл аралык соттордо өлкөнүн таламын коргоо үчүн Соттук өкүлчүлүк борбору түзгөнү дайын болду. Бул борбор эл аралык жана жергиликтүү соттордо өкмөттүн кызыкчылыгын коргомокчу. Расмий маалымат боюнча учурда эл аралык арбитражда Кыргызстанга каршы 9 иш бар. Аталган сот иштериндеги доонун жалпы суммасы 48 миллиард сомду түзөт.

Кара-Балтадагы мунай завод токтоду

Кара-Балтадагы мунай завод. 9-сентябрь, 2013-жыл.

Буга заводду сыноо максатында ишке киргизген учурда экологиялык зыяндын чектен ашкандыгы башкы себеп болгон.

Аталган мунай завод кытайлык инвесторлор тарабынан өткөн жылы курулуп, аны ишке киргизүү бир нече ирет артка жылдырылып келген.

Жергиликтүү элдин бир бөлүгү анын иштешине каршы болуп, маал-маалы менен митинг уюштуруп келет.

Мунайды кайра иштетүүчү “Жунда" заводу былтыр сентябрда ачылып, жыл акырында толук кубаттуулукта продукция өндүрүүнү баштайт деп убада кылынган. Бирок завод бүгүн да ишке кире элек. 17-февралда Кара-Балта шаарынын тургундары нааразычылык акциясын уюштуруп, ага катышкан “Ата-Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев абалды текшертүүгө убада берген.

- Кара-Балта шаарынын тургундары гана эмес, жакынкы айылдарда жашаган адамдар да түтүн жана жыт чыгып, кыйналгандыгын, оорукчан адамдардын абалы кескин начарлаганын айтып, даттанып жатышат. Ошон үчүн парламенттик комиссия, мындан тышкары өкмөттөр аралык комиссия түзүлдү. Алар иликтеп, зыян технологиялык же долбоордогу кемчиликтерден улам болуп жатабы, же чийки заттын курамынан болуп жатабы, аныктап чыгышы керек.

Мунай завод 17-январда сыноо максатында ишке киргизилген. Бирок шаардын экологиясын булгай баштаганда он күндөн кийин ишти токтотууга аргасыз болушкан. Адистер чоң заводдор алгачкы жолу ишке кирип, калыбына келгенче сөзсүз бийик добуш жана жыт чыгып, аба булганышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Экономика министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев ушундай пикирде:

- Заводду 27-январдан бери токтотуп коюп, кемчиликтердин баарын тең кайра карап жатышат. Шаймандардын баарын тууралап, бураш керек экен. Эми мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу курулду. Анын ар бир агрегаты бар экен ишке киргенден кийин улам тууралай турган. Алгачкы сыноо мезгилинде ушунун баарын тууралап, ордуна келтирет да.

Ал эми өкмөттүн 18-февралда маалымдашынча, ишкананын айланасындагы талаштар толук такталмайынча завод ишке кирбейт. “Жунда” компаниясынын президентинин кеңешчиси Шатман Ботоев заводдун айланасындагы маселени саясатка айлантуу аракеттери болуп жатат деген ойдо:

- Биздин экологиялык стандарт “Евро-3”. Экологиялык жана техникалык инспекция көзөмөлдөгөн. Мисалы, үйдө деле мешти биринчи жолу жакканда кара түтүн чыгат эмеспи. Завод деле ошондой. Кече да митинг болуп, эл келди. Бизди саясатка аралаштыргылары келип жатат го деп ойлоп калдык.

Бирок буга кошулбаган “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев заводдогу кемчиликтер жоюлмайынча, анын ишке киришине каршы. Ал да 17-февралдагы митингге катышкан.

- Элдин нааразы болуп, чыгып жатканы туура. Анткени 100 пайыз проблема бар. Кара-Балта, Жайыл райондорунун тургундарына келтирилген зыянды ким төлөп берет?

Бирок заводдун жетекчилиги жергиликтүү элдин бир бөлүгү менен заводго жакын үйлөргө байланыштуу да тил табыша албай келет. Шаардын тургундары заводго жакын үйлөрдү “Жунда” ишканасы сатып алышы керек деп талап кылса, ишкана аларды тургундар өтө кымбат баалап жатканы үчүн сатып алуудан баш тартууда. Эми өкмөттүк комиссия ушул маселелерди да чечиши керек.

"Чайна Петроль Компани” тарабынан курулган бул мунай завод ишке кирсе, мамлекетке 5 миллиард сомго чейин салык түшүп, жүздөгөн адамдар иш менен камсыз болору айтылган.

Каардуу кайнене - боорукер эне

"Келиндер козголоңу" спектаклинен.

Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры өзбек драматургу Саид Ахмаддын “Келиндер козголоңу” аттуу легендарлуу комедиясын сахналаштырды.

Өзбекстандын баатыры, эл жазуучусу Саид Ахмаддын “Келиндер козголоңу” комедиясындагы баш каарман Фарманбүбү деген байбиче жети уул, жети келинин абышкасы салган үйдө чогуу жашатып, алардын турмушу бир короодо өтөт. Келиндерине каардуу, уулдарына кекээрдүү Фарманбүбү байбиче алардын айлык маяналарын бир тыйынга чейин чогултуп алып, эсеп-чотту, соода-сатыкты кошоматчы келини Мухая менен өзү жүргүзөт. Үйдөгү майда-чүйдө иштердин баарына катуу көзөмөл кылып, уул-келиндеринин баскан турганына, кийген кийимине чейин кийлигишет.

Оюндан бир көрүнүш.
Оюндан бир көрүнүш.
Кичүү уулу Тухта жаңы үйлөнүп, анын келинчеги Нигора үй-бүлөдөгү катаал режимге каршы чыгат. Ошол кичүү келини өзүнөн улуу абысындарын үгүттөп, үй-бүлөлүк козголоң уюштуруп, кайын агаларын аялдарча кийиндирүү менен театр өнөрү аркылуу кайын энесинин кылык-жоругун мыскылдап көрсөтөт.

Пьесанын автору, жаш келин Нигора аркылуу жаңы муундун жаңы турмушка көз карашын, ар бир үй-бүлө өзүнчө түтүн булатып эркин жашоосу керектигин, кайын эненин катаал мамилеси эскинин саркындылары экендигин көрсөткүсү келген.
Совет биримдиги кезинде “Келиндер козголоңу” Орто Азия менен Казакстандын көп театрларында, анын ичинде кыргыз театрларынын сахнасында дагы эски каада-салтты мыскылдап, жаңыча жашоого үндөгөн идеологиянын негизинде коюлуп келген.

Ал эми Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрындагы спектакль болсо уул-келиндеринин энесине болгон сый-урматын, арамдыктан, алдым-жуттумдан алыс, ынытмактуу, тарбиялуу үй-бүлөнү көрсөтүү менен чечкенин театрдын директору Эгемберди Чалабаев белгиледи.

- Бул пьесанын актуалдуулугу али жоголо элек. Чыгармада адамдын диктатордук, тоталитардык бийлиги юмор, сатира менен чагылдырылса, биз бүгүнкү күнү бала менен эненин ортосундагы ысык мамилени көтөрүп чыктык. Азыркы күнү улгайган ата-энелерди карылар үйүнө өткөрүп коюу жаман өнөкөткө айланды. Биздин койгон спектаклде энени сыйлоо, энесинин тилинен чыкпай, айтканын аткарган уул-келиндердин окуясы аркылуу, карыларга урмат көрсөтөлүк деген ой-максат болду.

Башкы каарман Фарманбүбү байбиченин ролун жеткиликтүү аткарган Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова дагы “Келиндер козголоңун” мурдагы спектаклдерге окшоштурбай, бүгүнкү заманга шайкеш келтирип, каардуу кайын эненин ордуна чиедей жетим калган жети баласын өзү жалгыз багып, эрезеге жеткирген кайраттуу эненин образын түзгөнүн айтты.

Назира Мамбетова кайнененин ролунда.
Назира Мамбетова кайнененин ролунда.
- Мурдагы башка театрларда коюлган спектаклдерде каардуу, ач көз кайын эненин образы түзүлүп келсе, биз тескерисинче балдары үчүн күйгөн, мээримдүү эне кылып көрсөтүүгө аракеттендик. Менин аткаруумдагы Фарманбүбү болсо балдарын жерибей, тескерисинче балдарым жамандыкка барбаса экен, ынтымактуу болушса экен деп бардык тапкан-ташыганды ортого тең койгон, баарына тең караган аял. Бул байбиче күйөөсү өлүп калып жети уулду жалгыз өстүрүп, баарын тигил жактан, бул жактан коргогон боорукер эне.

Спектаклдин соңунда уул-келини атасынын курбалдашы, өтүкчү Уста Бакиге жесир энесин алып беришип, шаңдуу музыканын коштоосунда той менен бүтөт.

“Келиндер козголоңу” спектаклин режиссер Элмира Ибрагимова сахналаштырган.

Депутат-дарыгер: чындык кимде?

Депутаттын тууганынын өлүмү үчүн жакындары дарыгерлерди айыптоодо, ал эми врачтар болсо тажрыйбалуу неврологго кол көтөргөн депутат Мурашевдин жоопкерчилигин кароону парламенттен өтүнүп жатышат.

Кыргызстандын акыйкатчысы депутаттын тууганынын өлүмүн ачык-айкын иликтөө үчүн Башкы прокурорго жана парламентке кайрылды. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев тумоолоп ооруканага жаткан жаш келиндин көп өтпөй каза табышы кыргыз медицинасындагы толгон-токой көйгөйлөр тууралуу чоң талкууга жем таштоосу керек деген пикирде. "Соңку убакта Акыйкатчы институтуна да, ак халатчандардын ишмердигине да нааразы болуп кайрылгандар көбөйдү" деди Аманбаев:

- Саламаттыкты сактоо системасында коррупциялашкан түзүм пайда болгонуна, сапатсыз, арзан дары-дармектердин келип жатканына, тармак коммерциялашып кеткенине даттангандар көп. Ошондой эле дарыгерлердин карапайым калкка мамилеси өтө начар, адистик сапаты да жетишсиз экенин айтышат. Бирок ошол эле убакта дарыгерлердин да түзүлгөн шарты, айлык акысы аз.

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев
Бирок акыйкатчы Аманбаевди бул окуяда депутатка ачык жан тартууда деп айыптагандар көп. “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Мурашевдин таяк жегенин айтып, учурда дарыланып жаткан невролог Жамалбек Тургумбаев акыйкатчыга ишенбей калганын билдирди:

- Булар бир партиядан окшойт. Окуянын аягын кандай кылып бурмалап жиберишет деп коркуп турам.

Тургумбаев Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы. Ал буга чейин тууганы комага түшүп калганы үчүн анын жакындарынан, тагыраагы депутат Мурашевден токмок жегенин айтып, укук коргоо органдарына даттанган. Тургумбаев буга чейин депутаттын соккусунан улам төрт тиши кыймылдап калганын айткан, учурда тиштерин жулдуруп жатканы маалым болду.

Тургумбаев: Депутат сабап, каматам деп коркутту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00



Чырдын башы...

Жаңжалдын чыгышына депутат Мурашевдин тууганы Алтынай Арстанбек кызынын 10-февраль күнү комага түшүп калганы себеп болгон. Ал ага чейин сасык тумоолоп, өтүшүп кеткендиктен ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер кыздын бул акыбалга жетишине анын эжесин айыпташууда. Алардын айтымында, оорулуу капельница алып жаткан учурда картошка менен эт аралашкан тамак берилген. 28 жаштагы Арстанбек кызы 14-февраль күнү эсине келбеген бойдон каза тапты. Ошондон бери депутат жана анын туугандары менен врачтардын тиреши күчөгөндөй. Азыр бул окуя боюнча бир эмес эки комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Маркумдун жасатын союу боюнча комиссиянын төрагасы, академик Миталип Мамытов азырынча так анализ чыга электигин айтты:

- Мен маркумдун жасатын ачууга толук катыштым, бирок так жыйынтык азыр белгисиз, анык боло элек. Жыйынтык чыкканда кабарлайбыз.

Миталип Мамытов “Республика” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, врачтарга доомат койгон депутат Мурашев да ушул эле партиядан депутат.
Ал эми бул окуяда дарыгерлердин жоопкерчилигин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев жетектеген комиссия иликтөөдө.

Аталган министрликтин өкүлдөрү өзүнүн кызматкерлеринин айыбын ачабы же тескерисинче коргоп калабы азырынча белгисиз. Бирок окуя боюнча дарыгерлерди көбүрөөк айыптаган акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин да бир тууган эжеси “Республика” партиясынан депутат. Андан тышкары депутат Мурашев акыйкатчыны шайлоодо Аманбаевге жан тартып, кайра добуш берүүгө себепчи болгонун Жогорку Кеңештин айрым депутаттары айтып чыккан. Айтор окуяны иликтеген комиссиялардын жыйынтыгы чыкканга чейин, маркумдун жакындары менен врачтардын тиреши токтобойт өңдүү.

Үч алтын медаль уткан Домрачева

Үч алтын уткан медаль беларус биатлонисти Даря Домрачева. Сочи, 17-февраль, 2014.
Сочиде кечээ туманга байланыштуу айрым мелдештер жылдырылган эле. Бүгүн, 18-февралдагы башкы таймаш - «Лаура» тоо лыжа айдыңында эркектер арасындагы биатлон мелдеши Бишкек убактысы боюнча 4 жарымда башталат. Жигиттер лыжа менен 15 км. аралыкка массалык жарышып, мылтыктан таамай атып, күч сынашат.

Кечээ кечинде кыз-келиндердин биатлон боюнча таймашында белорусиялык Даря Домрачева марага озуп келип, үчүнчү алтын медалды жеңип алды.
Ал 17-февралдагы мелдеште маарага 35 минут 256 6 секундада жетти же экинчи келген чехиялык Габриела Соукаловадан 20 секунд эрте келди. Коло медалды норвегиялык Тирил Екхоф утту.

Сочиде Даря Домрачева 12, 5 чакырымга куушуп жарышууда жана 15 чакырымга жеке жарышта биринчи орунду алып, чемпион болгон. Буга чейин бир да аял биатлонист Кышкы Олимпиадада үч алтын медаль уткан эмес.

Ал эми коньки, бобслей жарыштары, фристайл, трамплин жана тоо лыжа мелдештеринин айрымдары түштөн кийин башталып, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1ден өткөнгө чейин болмокчу.

Учурда сноуборд боюнча эркектер өнөрүн көрсөтүүдө. Адаттагыдай эле Сочиде күйөрмандар арбын келип, бүйүрүн кызыткан хоккей мелдештери болууда. Бүгүн да хоккей боюнча кыз-келиндер чейрек финалда күч сынашат. Мында англиялыктар менен жапондор, финдер менен орусиялык кыз-келиндер командалары мөөрөй талашат. Кимдер жарым финалга чыгаары бүгүн аныкталат.

Ал эми эркектер командаларынан мыктылары иргелип, финдер, канадалык, америкалык, швециялык хоккейчилер чейрек финалга чыкты. Калган 8 команданын мыктылары да бүгүн 18-февралда аныкталат. Мында Словения менен Австрия, Орусия менен Норвегия, Швейцария менен Латвия жана чехтер менен словакиялык хоккейчилер беттешет. Эгерде орустар норвегиялыктарды утса гана чейрек финалга чыгат.

Кечээки ийгиликтер тууралуу учкай айта кетели. Көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиондору, америкалык Мерил Дэвис менен Чарли Уайт кыска программа боюнча дүйнөлүк рекорд коюп, түндө да эркин көнүгүүдөн лидер болушту. Алар АКШнын тарыхында көркөм муз тебүүдө биринчи олимпиада чемпиону аталды. Эки кишилик бобслей жарышында Александр Зубков менен Алексей Воевод Орусияга 5-алтын медалды утуп беришти. Эркектердин фристайл жарыштарында белорусиялык Антон Кушнир баш байгени жеңип алды. Трамплинден секирүүдө германиялык жигиттер командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Кыз-келиндер арасындагы хоккей таймаштарында АКШ өлкөсү швециялыктарды утуп, финалга жолун ачты. Канада менен Швейцариянын ортосунда курч таймаш болуп, мында канадалык айымдар жарым финалга чыкты.

Орусия экинчи орунга чыкты

Сочидеги кышкы олимпиадада учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча германиялыктар дале топ баштап келүүдө.18-февралга карата алар 8 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгеси менен биринчи орунда турат. Кечээ экинчи орунда голландиялыктар турса, аларды орустар 3 тепкичке жылдырып койду. Учурда оюн ээлери орусиялыктар 5 алтын, 7 күмүш жана 6 коло байгеси менен бешинчи орундан 2-орунга көтөрүлдү. Норвегиялыктар үчүнчү орундан түшпөй келатат. АКШнын спортчулары 7-орундан дароо 4-тепкичке көтөрүлдү.
Бул жагдайга кечээ түнү көркөм муз тебүүдө алтын байге уткан дүйнөнүн эки жолку чемпиондору Мерил Дэвис менен Чарли Уайт себепкер болду.

Ал эми Азия өлкөлөрүнөн Кытай 10-орунда. Алар 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ. Учурда жапондор 1 алтын, 3 күмүш жана коло байгеси менен 14-орунда. Ал эми түштүк кореялык спортчулар учурда Сочиде 1 алтын, 1 коло байгеси менен 17-орунда турат.

Учурда оюндарга катышып жаткан 88 өлкөдөн 25 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын ырымга бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде коло байге утуп берген Денис Тенге кечээ жолугуп маектештик. "Келечекте Олимпиада чемпиону болмоюнча жаным тынбай машыгып, максатыма жетем. Сочи олимпиадасы жакшы маанайда өтүп жатат", - деди «Азаттыкка» казакстандык Денис Тен.

Дмитрий Трелевский Москвада дарыланат

19-февралда Сочи олимпиадасында 19 жаштагы бишкектик Евгений Тимофеев тоо лыжасы боюнча өлкө намысын коргойт. Тимофеев учурда "Роза Хутор" тоо лыжа базасында кезектеги машыгууларын өткөрүп жатат. Ал Сочи олимпиадасында эки түр боюнча 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышат.

Сочиде машыгуу учурунда жыгылып, жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ал-абалы дурус. Ал учурда Красная полянадагы олимпиадалык айылда дарыланып жатат. Кечээтен баштап таканчыктап, балдак менен өзү басып, жакын жердеги ашканага такмактанганы бара баштады. Улуттук олимпиада комитетинин Сочидеги өкүлү, команданын уюштуруучусу Саламат Эргешовдун айтымында, Трелевскийдин ден соолугун калыбына келитирүү боюнча камсыздандыруу иш-кагаздары толтурулду. Буга ылайык, Дмитрий 2 ай аралыгында Москвадагы ооруканалардын биринде бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк алат.

Жапондорго тилмеч болгон Жаңыл

Сочи олимпиадасын чагылдырып жүргөн жапондук тележурналисттерге тилмеч болуп жүргөн кыргыз кызы Жаңыл Маматовага жолуктук. Ал Санкт-Петербург универстетинин магистранты экенин, англис, жапон тилдерин билээрин, жапон журналисттерине тилмеч болуу үчүн үч сыноодон өткөнүн «Азаттыкка» айтып берди.

Ошондой эле олимпаданы чагылдырып жүргөн кесиптешим, монгол жигити Байрамжыргал Бишкектеги «Манас» кыргыз-түрк университетинин бүтүрүүчүсү экен. Кыргызча түш жоруган монгол жигити Азия өлкөлөрү кышкы спортко маани берип, биргелешип машыгууларды өткөрсө деген тилегин билдирип, беш жыл бирге окуган кыргызстандык досторуна салам айтты.

Муфтият Адал бөлүмүн жойду

Адал маркасындагы азыктар.

Бирок диний башкармалыктын курамынан чыгарылган бул бөлүм өзүнчө коммерциялык борбор болуп кайра түзүлдү.

Буга муфтияттагы өзгөрүүлөр, ошону менен катар Халал бөлүмүнө карата айтылып келаткан терс пикирлер себеп болгон. Ошол эле кезде жаңы Халал борбору түзүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу 17-февралда муфтий Максат ажы Токтомушев менен Халал бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Арстанбек өткөргөн маалымат жыйынында айтылды.

Муфтият: Кеп-сөздөн алыс бололу

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 17-февралдагы маалымат жыйынында Халал бөлүмүн жоюп, аны муфтияттын курамынан чыгаруу себебин мындайча түшүндүрдү.

- Бир топ чыр-чатак ызы-чуулар болуп кетти. Кээ бири туура айтса, кээ бири туура эмес айтып, бир топ маселе коомчулукка чыгып кетти. Ошондон улам тартипке келтирүү максатында бул бөлүмдү “өзүңөрчө эле болгула, биз менен кызматташтыктын негизинде гана иштешкиле” деп чечтик. Биз диний маселелерин айтып турабыз, булар болсо өздөрүнүн өндүрүштүк иштерин кыла берет.

Муфтияттагы Халал бөлүмү бир жыл мурда Рахматулла ажы Эгембердиев башчы болуп турганда ачылып, аны Мыктыбек Арстанбек жетектеп келаткан. Ал аралыкта бөлүм 90дон ашык соода жайларына жана ишканаларга халал сертификатын берүүгө жетишкен. Бирок берилген сертификаттар жана андан түшкөн кирешелер коомчулукта чоң талкууну жаратып, Улуттук коопсуздук кызматы да текшерүү да жүргүзгөн болчу. Муфтияттын Халал бөлүмү бир жыл аралыгында адал сертификатын алган ишканалар менен 1 млн. 800 миң сомдук келишим түзүүгө жетишкен.

Муфтияттагы маалымат жыйынында Мыктыбек Арстанбек өзү буларга токтолду.

- УКМК бизди төрт айдан ашык текшерди. Бирок биз азырынча эркиндикте жүрүп, сотко чакырылбай, бизге эч кандай доомат коюлбагандан кийин алар мыйзам бузуу таппады го деп ойлойбуз. Ошентсе да бизди чакырып, эч нерсе таппадык деп айта элек. Ошондуктан биз өзүбүз да жакында “эми коом алдында уу-дуу кеп кетти, эми бизди ууру кылгыла же актагыла” деп, кат менен кайрылабыз.

Мыктыбек Арстанбектин айтымында, муфтияттын Халал бөлүмүн жоюу боюнча чечимди алар түшүнүү менен кабыл алышкан. Бирок муфтияттагы бөлүм жоюлганы менен ал коммерциялык негиздеги жаңы Халал борбору болуп түзүлдү.

Мыктыбек Арстанбектин маалымдашынча, жаңы борбор Юстиция министрлигинен каттоодон өттү.

- Өз алдынча юридикалык тарап катары күбөлүк алдык. “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” деген мөөрүбүз бар. Муфтияттан бошогон беш кызматкер ошол борбордун өзөгү болуп калды.

Адалбы, адал эмеспи?

Кыргызстанда исламдын таасири күчөгөнү диний талап-шарттар сакталган адал тамак-ашка, азык түлүккө да суроо талап күчөдү. Бишкек шаарынын тургуну Нурдин Ашыпов ага себеп болгон жагдайларды айтып берди.

- Алла-Таала көптөгөн ырыскы берип, “ошонун ичинен тазасын жегиле” деген. Таза эмес тамак жеген кишинин дубасы 40 күнгө чейин кабыл болбойт деп айтылат.

Деген менен “адал” деп, жазылып турган тамак-аштын баары эле анын талаптарына жооп берет деп айтуу да туура эмес. Буга муфтият, дин өкүлдөрү жана адал сертификатын бергендер да кошулат. Муфтияттагы халал сертификатын берүүчү бөлүмдү жоюуга да себеп болгон жагдайлардын бири ушул.

Адал деген белгинин алдында эт-азыктарын саткан дүкөндүн кызматкери Нуршат Аташовду угалы:

- Адал деп жазып, адал деп сертификат алган күндө деле буга жүз пайыз ишенип болбойт. Анткени алдайм десе, алдай берет. Бул жерде Кудай алдынча жоопкерчилик 90 пайыз сатуучунун мойнунда, ал эми алып жатып, тактап сурап койбогон үчүн 10 пайыз, албетте алуучуда болот.

Мамлекет болсо халал стандартына өтүү ар бир ишкананы жеке ыктыяры болушу керек деп эсептейт. Ошентсе да жакында Жогорку Кеңеште даярдалган мыйзамга ылайык, “Халал” белгиси менен сатылып жаткан азыктардын баары сөзсүз анын талаптарына жооп бериши керек деген жобо киргизилди. Бирок кайра эле анын канчалык деңгээлде талапка жооп бергидей кылып даярдап жатканын, чынында эле адал экенин ким, кантип аныктап, текшерет деген суроо жоопсуз калууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG