Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 01:24

Кыргызстан

Иса Өмүркулов камалабы?

Иса Өмүркулов "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 28-июль, 2011.

Башкы прокуратура Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер кодексин одоно бузду деген айыбын угузду.

Башкы прокуратура 21-февралда Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айыбын угузду. Башкы көзөмөл органынын маалыматына таянсак, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектарга кыскарткан токтомду мыйзамсыз кабыл алган. Ал бул чечими менен Жер кодексин одоно бузуп, 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага берип салган деп айыпталууда. Башкы прокуратура маалымдагандай, Жеңиш сейил багынын чек арасы борбордун башкы планы боюнча жана деталдуу мерчемдөө долбоорунун негизинде жалпы аянты 49,92 гектар деп аныкталып, шаардык кеңеш аны 2009-жылы токтом менен бекиткен.

Өмүркулов: Жер тилкелерин көтөрүп кеткен жокмун да...

Деген менен башкалаанын мурдагы башчысы Иса Өмүркулов мындай айыптоонун баарын негизсиз деп эсептейт. Ал мэр болуп турганда бир да чарчы жер мыйзамсыз берилбегенин айтууда:

- Ал 16 гектар кайдан чыкканын билбейм. Жеңиш паркынын аянты бир дагы документте так көрсөтүлгөн эмес. Парк түптөлгөн 1979-жылы аянты 20 гектар деп көрсөтүлүптүр. А биздин токтом боюнча 33,92 гектар деп аныкталган. Анан кайдан азаят? Айтылып жаткан токтом тиешелүү мекемелердин макулдугу менен талданып туруп чыгарылган. А жанагы жер тилкелери 2002-жылдан баштап берилген. Мага коюлган айыптын баары негизсиз. Мен жер тилкелерин көтөрүп кеткен жокмун да. Баары ордунда турат.

Өмүркуловго карата козголгон кылмыш иштин сотко ашаарына анчейин ишенбей, муну саясий оюн катары баалагандар да жок эмес. Алардын бири - баш калаадагы жер тилкелеринин мыйзамсыз берилиши боюнча бир катар басма сөз жыйындарын өткөргөн “Эркин эл” саясый партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков. Ал бийликтеги партиянын өкүлүнө козголгон кылмыш ишти саясий каршылаштарды сооротуу деп түшүнөт:

- Биз эки жыл бою Бишкек мэриясындагы коррупциялык схемалар боюнча тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылганбыз. Тилекке каршы, мэрге коррупция эмес, башка берене боюнча кылмыш иш козголду. Бул саясый оюн же болбосо бийликтин элди алдоо максатында жасаган саясаты. Анткени башка оппозициялык саясатчыларга айыбы угузулаары менен түрмөгө камап, катуу чара көрүп жатышат. Менимче, Өмүркуловдун иши сотко жеткен күндө да эч кандай жоопко тартылбайт.

Президент Алмазбек Атамбаев Өмүркулов тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, анын убагында мыйзамсыз жер берилбегенин айткан жайы бар.

Сейил бактарга сепил салууга жол ачкан эмне?

Бишкектеги жер тилкелеринин коррупциялык схемалар менен берилишине башкы пландын ачык көрсөтүлбөй жатышы себеп. Мындай оюн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков билдирди:

- Бишкектин башкы планын ачык-айкын эл алдына коймоюнча мындай иштер улана берет. Азыркы мэр болобу, кийинкиси болобу, парк зоналарын чекесинен кертип жеке колго бере бериши мүмкүн. Анткени кайсы жер сейил бак экени, кайсы жерге кандай курулуш түшөөрү көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан биз маселени түбүнөн чечип, башкы планды эл алдына ачык көрсөтүшүбүз керек.

Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго карата кылмыш ишти 2013-жылдын 2-декабрында козгогон. Баш коргоо чарасын аныктоого өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил кат негиз болгон. Ал 4-декабрда өз ыктыяры менен кызматын тапшырган. КСДП фракциясынын мүчөсү болгон Өмүркулов баш калааны 2010-жылдын апрель айынан бери жетектеп келди.

Жумгалда 15 адамдын дайынын таппай жатышат

Кара-Кече көмүр кени, Жумгал району, Нарын облусу.

Жергиликтүү укук коргоочулар Жумгал сотундагы өрт коюу окуясына байланыштуу суракка чакырылган 15 кишинин дайыны жок болуп жатканын билдирүүдө.

20-февралда Жумгал райондук сотунда айыпталуучуларга өрт койгон факт боюнча сотко катышкан 21 адам милицияга сурак бергени кеткен. Алардын алтоо камакта экени белгилүү болду. Дайыны чыкпай жаткан калган он беш кишинин жакындары жекшембиде аларды издеп, облус борбору - Нарын шаарына келишти.

Алардын бири Жыпара Жумаева баласы Талант Макеновду милициялар кечээ алып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтат:

- Мурунку күнү жумуш учурунда алып кеткен, кечинде чыгарып берген. Келгенде эки көзүнүн баары кыпкызыл, “башым” деп келди. Чай ич десем, болбой койду, түнкү саат экиге чейин кыйналып уктабай чыкты. Сабадыбы десем жок деп койду, дары бердим, башы шишип калыптыр. Эртеси ошол бойдон алып кетти. Ошондон бери дайыны жок...

Жергиликтүү “Адилет-укук” коомдук бирикмесинин жетекчиси Дамира Садырбаева милиция сурака алып кеткен 21 адамдын алтоо гана Нарын шаардык ички иштер башкармалыгында кармалып турганын, калгандары кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирди:

- Алтоо камакта экен. Калганы белгисиз. Мен укук коргоочу катары билишим керек да, алар кайда экенин. Менин күйөөм менен кошо дагы эки кызматкерибизди алып кетишкен...

Бир күн мурда, 22-февралда Жумгал райондук администрациясынын алдына 20 чакты адам милицияга нааразылык билдирип чыгышкан. Алар сотко катышкандарга милиция кысым көрсөтүп жатканын айтышкан эле.

Укук коргоочу Садырбаева 20-февралдагы сотто болгон окуяны милиция тараптан атайын жасалган чагым деп эсептейт:

- Биз ошол окуяга милицияны күнөөлөйбүз, бөтөлкө менен май алып кирип бара жатканда кайтаргандар эмнени карап жатышты. Ошол жактын коопсуздугун көзөмөлдөп туруш керек да. Бул атайын жасалган чагым. Эми жоголгон баланы таап бергиле дер жатышат.

Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине 20-февралда Жумгал райондук сотунун залында жабырлануучу тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Бул окуядан улам соттолуучулардын бири Жоомарт Сыдыков оор абалда ооруканага жеткирилген. Дагы бир соттолуучу Чыңгыз Баялиевдин абалы туруктуу, ал эми дагы бир айыпталуучу Рустам Токтогулов дайынсыз болууда. Териштирүү иштери уланып жатат. Башкы прокуратура соттогу бул окуяга байланыштуу 22-февралда төрт берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул окуядан кийин маркум Айбек Мамбеталиевдин бардык туугандары милицияда сурак беришүүдө. Азыр үйдө маркумдун жеңеси Гүлзат Досоева гана калыптыр:

- Атамды, апамды, кайынсиңдимди, күйөөмдү, кайнимди - беш адамды кармап кетишти. Азыр мен чиедей балдар менен калдым. Эмне дешти да билбей турам...

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов камалгандар уруп-сабалды деген маалыматты четке какты. Ал козголгон кылмыш иштин негизинде ону камалып, калган төртөө облустук ички иштер башкармалыгында сурак берип жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Кыйноолорду жана башка адамгерчиликсиз катаал мамилелерди алдын алуу боюнча Нарындагы борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков болсо дайыны чыкпай жаткандар Ат-Башыда кармалып турганы тууралуу маалымат укканын айтып берди:

- Мен түнү менен Кочкор, Жумгалда жүрдүм. Мага түшкөн маалымат боюнча, милиция кызматкерлери балдарды кармап, райондук милиция бөлүмдөрүнө алып кирип жатат дешти. Азыр шаардык ички иштер бөлүмүндо жети адам жатат, калганы Ат-Башыда дешти. Мен азыр ошол жакка бара жатам.

2013-жылдын 1-декабрында Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген 3 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон эле.

Орусия алдыга чыкты

Алтын медалга татыган орус спортчулары. Сочи, 22-февраль, 2014.
Бүгүн, 23-февралда Сочи олимпиадасы жыйынтыкталганы турат. Учурда Красная поляна капчыгайындагы «Лаура» тоо лыжа борборунда 50 км. аралыкка жигиттердин жарыштары өтүүдө. Бүгүн 4 кишилик бобслей боюнча жеңүүчүлөр түштөн кийин аныкталып калат. Спорт күйөрмандардын көңүлүн бурган башкы мелдеш-хоккей боюнча Канада менен Швециянын баш байге үчүн таймашуулары Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де башталат. Ал эми Сочи олимпидасынын жабылыш аземин Бишкек убактысы боюнча түнкү ондо башталат.

Үмүт жандырган кыргыз лыжачысы

Кечээ, 22-февралда тоо лыжасынын слалом түрүнөн мелдешке кыргызстандык Евгений Тимофеев катышты. Мелдеш Сочи шаарынан 60 км. алыстагы "Роза Хутор" тоо лыжа базасында өттү. Мында дүйнө жүзүнөн тандалган 117 спортчу мөөрөй талашып, Тимофеев биринчи мелдеште 73-орунга илинип, 2-таймашууга укук алды. Экинчи мелдешинде марага 41-болуп келди.

Евгений Тимофеев мелдештен кийин. Сочи, 22-февраль,2014.
Евгений Тимофеев мелдештен кийин. Сочи, 22-февраль,2014.
Евгений Тимофеев 700 метр аралыктагы 60 тоскоолдуктардан буйтап өтүү кыйын болгонун, кар эрип, жолдун нугу бузулуп, акыркы чыккан спортчулардын көбү жыгылып, марага жетпей калганын, Сочи олимпиадасы тажрыйба топтоонун чоң мектеби болгонун «Азаттыкка» айтып берди. Чынында таймаш абдан курч мүнөздө өтүп, айрым дасыккан спортчулар жолдон чыгып же жыгылып, марага жетпей калышты. Мисалы, Сочи жана Турин олимпиадаларынын чемпиону, америкалык Тед Лигетти да марага жеткен жок. Мында 34 жаштагы дүйнө чемпиону, австриялык Марио Матт Сочи олимпиадасынын чемпиону аталды. Экиннчи орунду дагы анын мекендеши Марсель Хиршер ээледи. Коло байгеге норвегиялык Хенрик Кристофферсен татыктуу болду.

Чынында эле мындай дөө-шаалар менен таймашуу кыргызстандык Евгений Тимофеев үчүн кыйынга турду. Себеби ал 117 спортчунун акыркыларынан болуп, мелдешке 110-болуп катышты. Старт берилээрде анын 110 деген номери жазылган майкасын бирөөлөр уурдап алып, ага дагы алагды болду. Ошентип ал биринчи жарышка бооруна 110 деп кол менен жазып чыгууга туура келди. Ошондой эле ага чейин эрип, тапталып музга айланган кар жолунун тарпы кетип, ылдам тебүү, тоскоолдуктардан буйтап өтүү кыйынчылыктарды жаратканын Тимофеевдин устаты Игорь Борисов «Азаттыкка» билдирди.

Евгений Тимофеев 19-февралда Сочи олимпиадасында гигант слалом мелдешине катышып, 109 атаандашынан 61-орунга жеткен. 19 жаштагы бул спортчу үчүн алгачкы Олимп оюну тажрыйба топтоонун, чеберчилигин жогорулатуунун мектеби болуп калмакчы.

Хоккей: Канада менен Швеция финалда

22-февралда хоккей боюнча жигиттер командаларынан финдер америкалык атаандаштарын 5:0 эсебинде утуп, коло байгелүү болушту. Бүгүн, 23-февралда Сочи олимпиадасынын чемпиондук наамы үчүн Канада жана Швеция өлкөлөрүнүн финалдык беттешүүсү Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да башталат.

Ошондой эле канадалык айымдар да катары менен 2002-жылкы Солт-Лейти-Сити олимпиадасынан бери төртүнчү ирет олимпиада чемпиону аталып, баш байгенин ээлери болушту.

Биатлон: Орусия - чемпион

22-февралда Красная полянадагы «Лаура» тоо лыжа айдыңында жигиттер арасындагы биатлон боюнча 4 спортчудан катышкан 30 км. аралыкка эстафеталык жарыш, мылтык атууда орусиялык жигиттер марага биринчи келди. Германия экинчи, австриялыктар үчүнчү орундарды камсыз кылды. Орустардын жеңишке жетүүсүнө Ванкувер олимпиадасынын коло байге ээси Антон Шипулиндин салымы зор болгонун адистер жогору баалап жатышат.

Жылдызы жанган америкалык Вик Уайлд

Ошондой эле «Экстрим Парк Роза Хутор» базасында кыз-келиндер арасындагы сноуборд мелдешинде биринчи орунду Австрия өлкөсүнүн өкүлү Юлия Дуймовиц жеңип алды.

Ал эми эркектердин атаандашуусунда жердиги америкалык Вик Уайлд Орусиянын намысын коргоп, Сочи олимпиадасында экинчи алтын медалдын ээси болду. 27 жаштагы Вик Уайлд 2012-жылдан бери Орусиянын жарандыгын кабыл алып, Сочиде жылдызы жанды. Ага Орусияга эмгек сиңирген спорт чебери деген ардак наам да ыйгарылды.

Үч алтын уткан Виктор Ан

Түбү кореялык Виктор Ан Сочиде Орусияга 3 алтын утуп берди. Ошентип 22-февраль орусиялыктар үчүн олжолуу күн болду. Аларга шорт-трек жарышында 15-февралда Сочиде дагы олимпиада чемпиону болгон жердиги кореялык Виктор Ан 3 алтын медалды утуп берди.

Виктор Ан
Виктор Ан
Алты жыл мурда Түштүк Корея өлкөсү тизеси сынып, жаракат алган өз өлкөсүн учурунда дүйнөгө тааныткан Хен Су Анды эсептен чыгарып, чоң ийгилик жарата албайт дешип, кол шилтеп койгон. Ал 2011-жылы Орусиянын жарандыгын алып, атын Виктор деп өзгөртүп, дале кайраты курч, эрки күчтүү экенин далилдеп, 4 жолку оор операциядан кийин кайрадан Сочи олимпиадасында жылдызы жанды. 15-февралда Виктор Ан Орусияга шорт-трек жарышында алтын медаль утуп берген эле. Ал 10-февралдагы жарышта марага үчүнчү келип, коло байгелүү болгон. 21-февралда командалык эстафеталык 5 км. аралыкка жарышта орусиялык жигиттерден марага биринчи жетүүсүнө салым кошкон. Кечээ дагы Виктор Ан олимпиадалык рекордду жаңыртып, 3-алтын медалды тагынды.

Сочиде Орусияга атак-даңк алып берип жаткан Виктор Ан 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарда Түштүк Кореяга 3 алтын медаль утуп берген эле. Ал дүйнөнүн көп жолку чемпиону, дүйнө кубогун бир нече жолу уткан даңазалуу спорт чебери. Корейче аты-жөнү Хен Су болсо, Орусияга келгени рок-жылдыз Виктор Цойдун урматына анын атын алып жүрөт. Ал Турин жана Сочи олимпиадаларындагы байгелерин кошуп эсептегенде 6 алтын, 2 коло медаль уткан.

Коньки жарыштарында голландиялык спортчулар айырмаланды. Алар кыз-жигиттер арасында биринчи орундарды камсыз кылышты.

Норвегиялык Марит Бьерген олимпиаданын 6 жолку чемпиону

30 км. аралыкка кыз-келиндердин массалык лыжа жарыштарында марага норвегиялык Марит Бьерген биринчи келди. Ал Сочи олимпиадасында 3 алтын байге утуп алды. 33 жаштагы Бьерген Ванкувер олимпиадасында дагы 3 алтын, 1 күмүш байгелүү болгон. Ошондой эле Солт-Лейк-Сити жана Турин олимпиадаларында да 2 күмүш медаль тагынган. Ал кышкы олимпиаданын 6 жолку чемпиону аталды.

Лидерликти орустар колго алды

Сочидеги кышкы олимпиадада аяктаарына саналуу гана сааттар калды. Учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча орусиялык спортчулар лидерликти колго алышты. Учурда алардын 11 алтын, 10 күмүш жана 8 коло медалы бар. Кечээ биринчи орунда турган норвегиялык спортчуларды орустар бир тепкичке сүрүп койду. Норвегиянын учурда 11 алтын, 5 күмүш, 10 коло байгеси бар. Канада 3-орунда келатат. Америкалык спортчулар дагы 9 алтын, 7 күмүш жана 11 коло байгеси менен төртүнчү орунда турат. Мурда күндөрү алдыңкы орундарда турган Германия менен Голландия өлкөлөрү 5-6-орундарда келүүдө.

Азия өлкөлөрүнөн Кытай 12-орунда туруп, алар учурда 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медалга ээ. Ал эми түштүк кореялык спортчулар учурда 3 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгеси менен 13-катарда. Жапондор 1 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байгеси менен 17-орунда. Дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болуп жаткан Украина мурда күнү биатлондо уткан айымдардын алтын медалы менен 20-орунга көтөрүлдү.

Учурда оюндарга катышып жаткан 88 өлкөдөн 26 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде коло байгени Денис Тен утуп берген эле.

Кыргыз коомундагы ислам жана сүйүү

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (17-23-февраль)

Узап бараткан апта ичинде дүйнөлүк басылмалар негизинен Украинадагы кырдаалга, Сочи олимпиадасына, дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына жана Венесуэладагы кандуу саясий күрөшкө көңүл бурушту. Айрым басылмалар Борбордук Азиядагы окуяларды да көңүл сыртында калтырган жок.

FP: Кыргыз коомундагы исламдашуу

Кыргызстандагы коомдун исламдашуусу Front Page журналынын негизги темасы болду. Макалада өлкөдөгү динчил жана секулярдык кызыкчылыктардын тиреши жөнүндө баяндалып, салафи мазхабынын Кыргызстанда кулач жайышы Орусияга чөлкөмдө таасирин күчөтүүгө ыңгайлуу шарт түзгөнү, Москва ашыкча исламдашуу жүйөөсүн бетке кармап, Кыргызстанда аскерий контингентин кеңейтиши мүмкүндүгү айтылат.

Журнал "Таблиги жамаат" кыймылы Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө террористтик уюм катары таанылганы менен, Кыргызстанда ага тыюу салынбаганын баса белгиледи. Автор Дэниел Гринфилд Кыргызстан Орусиянын моделине ыктап, диний ишмерлердин билим деңгээлине жана ишмердүүлүгүнө көзөмөл салууга кызыкдар экенин жазды.

Кыргызстанда сүйүү ышкысын үйрөткөн мектеп үч жылдан бери ийгилик жаратып келе жатат. Бул окуу жайы жана өлкөдөгү жыныстык билим тууралуу EurasiaNet басылмасы жазды. Бишкектеги Jade Gift School мектебинде 150 чакты айымдарга сүйүшүү ырахаты, гимнастика, руханий байлык, укалоо жана эркти чыңоо боюнча сабактар өтүлөт. Мырзалар үчүн дагы аялдарына төшөктө туура мамиле кылуу, сүйүү булчуңдарын күчөтүү жана простата рагынын алдын алуу боюнча сабактар окутулат.

Советтер Союзу урагандан кийин дагы жыныстык жакындык дале жабык тема. Басылма Кыргызстанда жыныстык билим төмөн болгондуктан, ар кандай жугуштуу оорулар кулач жайганын белгиледи. Аны менен бирге көптөгөн жаш жубайлардын секс жөнүндө такыр түшүнүгү жоктугун жазды.

Тажиктештирүү жараяны күч алды

Ушул эле басылма Тажикстандагы чет тилиндеги сөздөрдү тажиктештирүү жараянына токтолду. EurasiaNet жазгандай, Мамлекеттик тил комиссиясы итальян тилиндеги "пицца" сөзүнө тыюу салып, аны "питсо" деп тажиктештирип жазууга буйрук кылган. Ал эми эл арасында кеңири колдонулган "стоматолог" сөзүн перс тилиндеги "дандонпизишк" сөзү менен алмаштырган. Жергиликтүү калктын кыжырын келтирген жараян күчтөп жүрүп жатканын басылма белгиледи. Аны менен бирге EurasiaNet жарыгы жок отурган тажикстандыктар үчүн учурда кара курсакты тойгузуу тилден артык турарын жазды.

Тажикстанда Марко Поло аркарын 50 миң доллар төлөп аткан америкалык мергенчи аңды уюштурган ортомчуну сотко берди. Монтаналык Рик Вукасин Памир тоолорунда эки жыл мурун аңчылыкка чыгып 182 килограммдык аркарды атып өлтүргөн. Өз кезегинде, канадалык ортомчу "Амери-Кана экспедишн" аркардын мүйүзүн канааттандыраарлык эмес абалда Вукасинге жөнөткөн. Туурасы 1.5 метр мүйүзгө 65 жаштагы америкалык электриктин купулу толбой, ортомчу компаниядан 75 миң доллар компенсация талап кылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Ич кийимге - эркиндик

Беларус, Орусия жана Казакстан аялдардын тор ич кийимин сатууга расмий түрдө тыюу салды. Мындан улам казак айымдары каршылык иретинде акция уюштуруп, көчөлөргө тор ич кийимдерин алып чыгышкан. Бул тууралуу The Independent гезити жазды. Алматыда өткөн нааразылык акциясына отуз чакты аял катышып, аларды күч органдары кармап кетишкен. Акцияга чыккан аялдар тор ич кийимдерин баштарына кийип алышып "Ич кийимге - эркиндик!" деп кыйкырышкан. Аталган үч өлкө тор ич кийимдердин курамында пахта алты пайыздан төмөн деген жүйөө менен тыюу салган. Ал эми тор ич кийимдерди саткандар бул чечим алардын бизнесине чоң доо келтирет дешти. Ишкерлердин айтымында, ич кийимге тыюу салуу аткезчиликке жол ачышы мүмкүн.

Венесуэланы башаламандык каптады

Венесуэладагы саясий тирешүү беш адамдын өмүрүн алды. Арасында 22 жаштагы студент жана өлкөнүн Мисс–2013 сулуулар кароосунун жеңүүчүсү Хенесис Кармона бар. Каракастагы кырдаал тууралуу The New York Times гезити жазды. Венесуэла парламенти оппозициячыл партиянын парламенттеги талкууларга катышуу жана комитеттер башчылыгына дайындалуу укугун алып салган соң, оппозициянын лидери Леопольдо Лопез калкты нааразычылык билдирип, көчөгө чыгууга үндөгөн. Ага удаа президент Николас Мадуро дагы чоң демонстрация уюштуруп, оппозициячыл акциянын катышуучуларына күч колдонду. Мурдагы президент Уго Чавес көз жумгандан бери мындай массалык демонстрация болгон эмес.

Оппозиция президент Мадуро эл менен баарлашуунун бардык жолдорун бууп салганын билдирүүдө. Нааразылык билдирип көчөгө чыккан венесуэлалыктар өлкө жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Расмий Каракас айрым чет элдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарып, оппозиция лидери Лопезди камакка алды. Башаламандыктар Венесуэланын бир нече шаарларында уланууда. Өлкөдөгү көчө акцияларын чагылдырууга тыюу салынып, венесуэлалыктар маалымат таңкыстыгына нааразы.


FP: Кыргыз коому исламдашып баратат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00
Түз линк

Транспорт тармагында олуттуу өсүш болду

Ысык-Көл эл аралык аба майданы, Тамчы.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүшүн кармап турган жагдайлар дагы деле бар. Ал эми Кыргызстанда былтыр жүргүнчүлөрдүн саны кескин өстү. Бишкек Фондулук биржасынын өткөн жумадагы соода көлөмү 22 миллион сомдон ашты. Бул ирет ушул жана башка экономикалык жаңылыктар тууралуу кеп кылабыз.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүшүнө бөгөт койгон тобокелдер жоюла элек. Бул тууралуу эл аралык Moody's рейтинг агенттиги 2014–2015-жылдарга карата божомолунда жарыялады. Агенттиктин кабарлашынча, орто жана төмөн кирешелүү өлкөлөрдө тобокел факторлору көбөйгөнү менен, өнүккөн "Чоң жыйырмада" экономика туруктуу өсөт.

"Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалары өскөн сайын инвесторлор өздөрүнүн акчаларын жай өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн чыгарышы толук ыктымал", – деди Moody's агенттигинин башкы серепчиси Колин Эллинс. Ал "Орусиянын жалпы дүң өнүмү 2014-жылы 1.5%–2.5% өсөт, Сочидеги XXII Кышкы олимпиада орус экономикасына эч кандай олуттуу салым кошпойт" деген пикирде.

Быйылкы Дүйнөлүк футбол мелдешинин расмий кубогу жана тобу.
Быйылкы Дүйнөлүк футбол мелдешинин расмий кубогу жана тобу.
​Аны менен бирге Бразилияда быйыл өтүүчү дүйнөлүк футбол мелдеши жана 2016-жылкы Рио-де-Жанейродогу XXXI Жайкы олимпиада оюндары Бразилиянын экономикасынын өсүшүнө эч кандай жылыш алып келбейт. Түштүк Американын эң ири өлкөсүндө экономикалык өсүш басаңдап, инфляция күч алууда дейт рейтинг агенттиги.

Бразилиянын жалпы дүң өнүмү быйыл 2%–3% өсөт. Келээрки жылы болсо ал 3% өсөт деп боолгоду Moody's. Белгилей кетчү жагдай, Түштүк Американын 40% жалпы дүң өнүмү Бразилияга таандык. Эгер бразил экономикасы жабыркаса, анын кесепеттери чөлкөмдөгү бардык 13 өлкөгө тиет.

Ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалары туруктуу өсүүгө өттү. Американын экономикасы 2%–3% жана Британиянын өсүшү 3% болот деп боолгоду агенттик. Каржы каатчылыгынан катуу жабыркаган Греция, Ирландия, Испания жана Португалияда дефляция коркунучу сакталууда. Бул кырдаал жөнгө салынбаса, Евробиримдикте жаңы кризис тутанышы мүмкүн деп эскертти Moody's.

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдүн санын кескин өстү

Былтыр Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү ташыган жүргүнчүлөрдүн саны кескин өстү. Муну менен бирге бюджетке түшкөн төлөмдөрдүн көлөмү да көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги менен Улуттук статистика комитети кабарлады. Эң олуттуу өсүш автожол жана авиакаттамдарда байкалды. Былтыр жалпысынан республика боюнча 619 миллион жүргүнчү ташылды. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 15 миллион адамга көп.

Жүргүнчүлөрдүн саны боюнча эң чоң өсүш Ош областында байкалды. Былтыр аталган областта жана Ош шаарында 40 миллиондон ашык жүргүнчү ташылган. Адистердин белгилешинче, өлкөдө автобус каттамдары жанданып, көбөйө баштады. Муну менен бирге жүргүнчүлөрдүн агымы да олуттуу өстү. Кыргызстандыктар былтыр 10 миллиарддан ашык чакырым жол жүрүшкөн. Жүргүнчүнүн чакырымдары (пассажиро-километр) менен өлчөгөндө республиканын жарандары аба аркылуу 501 миллион чакырым жана машине менен 272 миллион чакырым жол жүрүшкөн.

Нарын аба майданы.
Нарын аба майданы.
Былтыр тарыхта алгачкы жолу Кыргызстандын аэропорттору үч миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи. Аны менен бирге жергиликтүү авиаишканалардын өлкөнүн бюджетине кошкон салымы көбөйүп, курчуп бара жаткан атаандаштыктын айынан жол кире баалары арзандаган.

Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов "Азаттыкка" билдирди.

Мурдагы жылы авиажүргүнчүлөрдүн саны 26% өссө, былтыр 41% өстү. Аба аркылуу жүргүнчү ташууда атаандаштык курчуп, айрым багыттарга билет баалары төмөндөдү. Мисалы Бишкек – Ош, Бишкек – Москва жана Ош – Москва каттамдарына жол кире кыйла арзандады. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн сайын, авиаишканалардын бюджетке чегерген төлөмдөрү дагы өстү. Мурдагы жылы авиакомпаниялар салык жана социалдык коргоо төлөмдөрү түрүндө казынага 450 миллион сом которсо, былтыр ал сумма 507 миллионго жетти.

Статс-катчы Максатбек Дыйкановдун айтымында, бул тармакта быйыл дагы олуттуу өсүүгө толук шарттар бар.

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы аптада 50 долларга кымбаттап, учурда унциясы 1320 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 16 центке түштү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы – 4 канада доллары 92 центти түздү. Чийки мунай төрт долларга түшүп, баррели 93 доллардан сатылууда.

Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада кескин өсүп, 22 миллион 132 миң сомго жетти. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча "Дос-Кредобанктын" жети эмиссиясы 21 миллион 391 миң сомго жетип, алдыңкы сапка чыкты.

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу тармагы өнүгүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
Түз линк

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты

Ош шаары.

“Республика” фракциясынын бир топ депутаттары мамдирекция курган Оштогу үйлөрдүн абалы менен таанышып, сапатына канааттанбаганын билдиришти.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн сапатына жеринен көргөнү келген “республикачылар” канааттанган жок. Анткен менен “Республика” партиясынын лидери Назарали Арипов үйлөрдүн коопсуздугуна адистик бааны атайын эксперттер берерин айтты:

- Мамдирекция курган эки үйдү көрүп келдик. Сырткы көрүнүшү боюнча эки үй теӊ депутаттарды канааттандырган жок. Аны адистер экспертизадан өткөрүшү керек. Бул боюнча ишти кароону Башкы прокуратура менен Эсеп палатасына тапшырдык. Укуктук бааны ошолор берсин.

Назарали Арипов текшерүү учурунда дирекцияга бөлүнгөн акча максатсыз жумшалганын айтып өттү:

- 11 млрд. сом коротулган болсо, 6.5 млрд. сомдун түбүн таппай калдык. Бизден өткөн эмес деп, акчанын ээси жок болуп атат. Эгерде 11 млрд. сом эффективдүү пайдаланылганда Ош шаарынын абалы бүгүнкүдөй болбойт эле.

Мамлекеттик дирекция жалпысынан 173 объект курган. Азыр кээ бир үйлөрдүн шыбагы куюлуп түшүп, сапатсыз курулганы тууралуу даттануу көп. Мына ошондой үйлөрдүн биринде жашап аткан Оштун тургуну Мыйзам Абдуллаев депутаттарга өзү жашаган квартираны көрсөттү:

- Биз биринчи кабатта жашайбыз. Жогору жактан суу агып турат. Начар түтүктөр коюлган. Дайыма ным тартып турат, шыбагы көчүп түшүүдө. Эми мен кайра башынан оӊдотушум керек. Бирок анда деле көөп чыгат да.

Депутаттардын жана жаӊы үйлөрдүн жашоочулары тарабынан айтылган сындарды мамдирекция өкүлдөрү негизсиз деп аташууда. Алар шыбактын сыйрылып, суу түтүктөрүнүн жарылышына анда жашаган тургундардын жакшы карабаганы себеп дешүүдө.

- Шыбактын сыйрылышы сыяктуу кемчиликтерди айтып жатышат. Бул курулушта боло берчү көрүнүш. Миӊ-эки миң сом менен оӊдоп койсо болот, - деди
аталган дирекциянын курулуш бөлүмүнүн башчысы Курбанали Азимов.

Курбаналы Азимов муну менен катар депутаттар айтып жаткан акчага мамдирекция ээлик кылбаганын билдирди:

- Биз 3 жыл ичинде 4 млрд. 600 млн. гана сомду иштеткенбиз. Калгандары башка акча. Алар ар кандай донорлор тарабынан тамак-аш, чатыр же башка буюм катары келген. Дирекциянын эсебинен өткөн эмес.

Жогорку Кеӊештин 19-февралындагы отурумунда Башкы прокуратура мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерине карата 8 кылмыш иши козголгонун кабарлаган. “Республика” партиясынын депутаты Урмат Аманбаева ызы-чууга чекит коюлганга чейин Жантөрө Сатыбалдиевди кызматынан убактылуу чегинип турса деген пикирде:

-ч кандай жоопкерчиликтен качпайм. Баары аныкталсын" деп жатат. Биздин лидердин айланасында да ушундай чыр чыкканда кызматынан убактылуу четтеген. Азыр өкмөт башчы да ошондой кадамга барганда иликтөө калыс болмок.

Мамдирекция 2010-жылы 19-июнда түзүлгөн. Июнь коогасында жабыркаган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү озуйпасын толугу менен аткарган деген жүйөө менен 2013-жылдан тарта ишин токтоткон. Анын ишин иликтөө тууралуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин парламенттеги "Республика" фракциясы сунуштаган.

Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин токтом кабыл алган. Анда дирекциянын биринчи жетекчиси, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Эсеп палатасына кайра текшерүүгө эки ай мөөнөт берилип, Башкы прокуратурага ири каржылык мыйзам бузууга жол берген дирекциянын жооптуу жетекчилирине жана дирекцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштерди токтоткон прокурорлорго укуктук баа берүү тапшырылган.

Жапон куурчактары Бишкекте

Жапон куурчактары Бишкекте
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Украина: Янукович Киевде жок

Киев. 21-февраль, 2014-жыл.

Украинанын маалымат каражаттарында президент Виктор Янукович Киевден чыгып кетип, калаанын Майдан баштаган борбордук райондору оппозициянын көзөмөлүнө өткөнү айтылууда.

Вашингтондун маалымдашынча, Украина президенти Виктор Янукович өлкө чыгышындагы Харьков шаарына жыйынга кеткен.

Жергиликтүү масс-медианын Янукович бүгүн башкаруучу Региондор партиясына ыктаган. Жалпы украиналык коомдук уюмдардын Украина фронтунун жыйынына катышууну мерчемдегенин жазышууда.

Киевдеги антиөкмөтчүл нааразылар Янукович президенттиктен кетмейинче күрөштү токтотпойбуз деп жар салууда. Оң сектордун лидери Дмитрий Ярош 21-февралда Төбөлсүздүк майданында: "Оң сектор биздин "Янукович отставкага кетсин!",- деген негизги талабыбыз аткарылмайынча, коомдук бир да имаратты камоого алууну токтотпойт”- деп эскертти.

Ал ортодо украин парламенти - Жогорку Раданын төрагасы Володимир Рыбак кызматтан кетти. Рыбак ден соолугуна байланыштуу төрагалыктан бошонгонун спикердин орун басары бүгүн жарыя кылды.

Сессияда оппозиция лидери Виталий Кличко парламентарийлерди Виктор Януковичти тез президенттиктен кетүүгө чакырган резолюция кабыл алууга үндөдү. Янукович Киевди калтырып кеткендиктен, “өлкөдө бирден бир мыйзамдуу бийлик - бул Жогорку Рада”,- деди Кличко.

Украинанын 5-каналы өлкөнүн ар кайсы тарабындагы Януковичтин бийлигине кызмат кылган чиновниктердин кетүүсүн талап кылган кадрларды көргөзүүдө.

Жума күнү президент Янукович жана оппозиция лидерлери кол койгон келишимге ылайык, курама өкмөт түзүлүп, декабрдан кечиктирилбей президенттик шайлоо өткөрүлмөк.

Украина парламенти 21-февралда абактагы оппозиция лидери Юлия Тимошенкону актоого жол ачкан мыйзамды бекитти, 2004-жылкы Конституция ордуна келсин, камоодогу нааразыларга мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам аткарылсын жана ички иштер министри кызматтан кетсин деп добуш беришти. Бул чечимдер тез аткарылышын 21-февралда АКШ жана Орусия президенттери телефон баарлашуусунда колдошту.



Тимофеев мыктылар менен ат салышат

Евгений Тимофеев мелдеш учурунда. 20-февраль, 2014-жыл. Сочи.

22-февралда Сочи олимпиадасында спорттун 7 түрү боюнча мелдештер улантылып жатат. Кыргызстандык күйөрмандар күткөн тоо лыжасынын слалом түрүнөн мелдешке бишкектик Евгений Тимофеев катышат.

Мелдеш Сочи шаарынан 60 км. алыстагы Роза Хутор тоо лыжа базасында Бишкек убактысы боюнча кечки жетиде башталат. Мында дүйнө жүзүнөн тандалып, олимпиадага жолдомо алган 117 спортчу мөрөй талашат. Мелдешти мындан 4 жыл мурда Канаданын Ванкувер шаарында өткөн 21-кышкы олимпиадасынын коло байге ээси швециялык Андре Мюре баштап берет.

Бул мелдеш да абдан курч мүнөздө өтөрүн адистер айтышууда. Себеби, чемпиондук наам үчүн даңазалуу спорт чеберлери атаандашканы турат. Алардын катарында Сочи жана Турин олимпиадаларынын чемпиону, америкалык Тед Лигетти, дүйнө чемпиондору, австриялыктар Марио Матт, Марсель Хиршер, француз Жан-Батист, дүйнө кубогунун көп жолку жеңүүчүлөрү француз Алексис Пнтюро, австриялык Райнфрид Хербст, италиялык Манфред Мельгг жана башкалар бар.

Мында дөө-шаалар менен таймашуу кыргызстандык Евгений Тимофеев үчүн кыйынга турат. Себеби, ал 117 спортчунун акыркыларынан болуп, мелдешке 110-чу болуп катышат. Ага чейин эрип жаткан кар тапталып, тарпы кетип, ылдам тебүү, тоскоолдуктардан буйтап өтүү кыйынчылыктарды жаратаарын Тимофеевдин устаты Игорь Борисов «Азаттыкка» айтып берди.

Евгений Тимофеев 19-февралда Сочи олимпиадасында гигант-слалом мелдешине катышып, 109 атаандашынан 61-орунга жеткен. 19 жаштагы бул спортчу үчүн олимпиада тажрыйба топтоонун, чеберчилигин жогорулатуунун мектеби болуп калмакчы. Тимофеев биринчи таймашта жыгылбай, эң артта калбай жоон ортодо марага жетсе, анда күчтүүлөрдүн сабында экинчи ирет байгелүү орундар үчүн мөрөй талашууга катышмакчы.


Хоккей: Канада мене Швеция финалда

Кечээ, 21-февралда хоккей боюнча жигиттер командалардын жарым финалдык күч сынашуулары курч мүнөздө өттү. Мында швециялыктар финдерди 2:1 эсебинде утуп, баш байгеге талапкердин бири болду. Ал эми экинчи жарым финалда канадалыктар америкалык жигиттерди 1:0 эсебинде жеңип, финалда ойномок болушту. Бул оюнга мен дагы күбө болдум. Канадалык жигиттер ыкчам, шамдагайлык менен өнөрлөрүн, чеберчиликтерин көрсөттү. Бүгүн кечинде коло байге үчүн финдер менен америкалыктар беттешет.



Ал эми 23-февралда Сочи олимпиадасынын чемпиондук наамы үчүн Канада жана Швеция өлкөлөрүнүн финалдык беттешүүсү Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да башталат. Адистердин айтымында, абдан курч, кызыктуу таймаш болоору күтүлүүдө. Ошондой эле канадалык айымдар да катары менен 2002-жылкы Солт-Лейт-Сити олимпиадасынан бери төртүнчү ирет олимпиада чемпиону аталып, баш байгенин ээлери болушту.

Керлинг: канадалыктар биринчи

Сочиде айрым спорт түрлөрү жыйынтыкталып жатат. Кечээ, 21-февралда шотландиялыктардын улуттук оюну болгон керлинг боюнча эркектер командаларынын жеңүүчүлөрү да аныкталды. Коло байге үчүн Кытай жана Швеция өлкөлөрүнүн жигиттер командалары күч сынашты.Мында 6:4 эсебинде кытайлыктарды шведдер утуп, үчүнчү орунду ээледи. Ал эми финалда Улуу Британия менен Канада өлкөлөрүнүн командалары мөрөй талашты. Жыйынтыгы 9:3 эсеби менен канадалыктардын пайдасына чечилип, алар Сочиде олимпиада чемпиону болушту. Алар Турин жана Ванкувер олимпиадаларында дагы чемпион аталган эле. Канадалык айымдар хоккей жана керлинг мелдештеринде баш байгенин ээлери болушкан.

Биатлон: Украина-чемпион!

21-февралда Красная полянадагы «Лаура» тоо лыжа айдыңында кыз-келиндер арасындагы биатлон боюнча 4 спортчудан катышкан 24 км. аралыкка эстафеталык жарыш, мылтыктан таамай атууда украиналык кыз-келиндер марага биринчи келди. Бул Украинадагы кандуу кагылышуудан кийинки бирден бир жагымдуу кабар болду. Сочи олимпиадасында командалык эстафетасынын чемпиондору болгон айымдарды айта кетели. Алар дүйнө чемпиону Олена Пидгрушина, Юлия Жима жана дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрү, эгиздер Валия менен Вита олимпиада чемпиондору аталды. Орусиялык айымдар экинчи, норвегиялыктар үчүнчү орундарды камсыз кылды.


Ошондой эле «Экстрим Парк Роза Хутор» базасында кыз-келиндер арасындагы фристайл мелдешинде биринчи орунду канадалык Мариэль Томсон жеңип алды.

Америкалык Микаэла Шиффрин- эң жаш чемпион

21-февралда Роза хутор тоо лыжа борборунда кыз-келиндер слалом мелдешине катышып, мында америкалык Микаэла Шиффрин Сочи олимпиадасынын чемпиону аталды. 18 жаштагы Шиффрин дүйнө кубогун да уткан эле. 3 жашынан бери тепкен лыжасынын үзүрүн Сочиден көрүп, тоо лыжасынын слалом түрүнөн олимпиадалык оюндардын тарыхындагы эң жаш чемпион болгону аныкталып, расмий катталды

Шорт-трек: кореялык Виктор Ан Сочиде Орусияга 3 алтын утуп берди

Кечээги 21-февраль орусиялыктар үчүн олжолуу болду. Аларга шорт-трек жарышында 15-февралда Сочиде дагы олимпиада чемпиону болгон Виктор Ан баштанган жигиттер дагы бир алтын медал утуп берди.
Алты жыл мурда Түштүк Корея өлкөсү тизеси сынып, жаракат алган Хен Су Анды эсептен чыгарып, чоң ийгилик жарата албайт деп, кол шилтеп койгон. Ал 2011-жылы Орусиянын жарандыгын алып, атын Виктор деп өзгөртүп, дале кайраты курч, эрки күчтүү экенин далилдеп, 4 жолку оор операциядан кийин Сочиде дараметин көргөздү. 15-февралда Виктор Ан Орусияга шорт-трек жарышында алтын медал утуп берген эле. Ал 10-февралдагы жарышта марага үчүнчү келип, коло байгелүү болгон. Эми болсо командалык эстафеталык 5 км. аралыкка жарышта орусиялык жигиттерден марага биринчи жетүүсүнө салым кошту.


Сочиде Орусияга атак-даңк алып берип жаткан Виктор Ан 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарда Түштүк Кореяга 3 алтын медал утуп берген. Ал дүйнөнүн көп жолку чемпиону, дүйнө кубогун бир нече жолу уткан даңазалуу спорт чебери. Корейче аты-жөнү Хен Су болсо, Орусияга келгени рок-жылдыз Виктор Цойдун урматына анын аттын алып жүрөт.

Кышкы спортто Норвегия лидер

Сочидеги кышкы олимпиаданын аяктарына аз калды. Учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча норвегиялык спортчулар дале лидерликти колдон чыгарыша элек. 22-февралга карата алардын 10 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медалы бар. Кечээ экинчи орунда турган америкалык спортчуларды орустар дагы эки тепкичке сүрүп койду. Экинчи болгон Орусиянын учурда 9 алтын, 10 күмүш, 7 коло байгеси бар. Канада 3-орунга чыкты. Алар дагы 9 алтын, 10 күмүш жана 5 коло медал жеңип алышты. Америкалык спортчулар дагы 9 алтын, 7 күмүш жана 11 коло байгеси менен төртүнчү орунда келатышат. Мурда күндөрү алдыңкы орундарда турган Германия менен Голландия өлкөлөрү 5-6-орундарга жылып калды.

Азия өлкөлөрүнөн Кытай 11- орунда туруп, алар учурда 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медалга ээ. Түштүк Кореянын спортчулары учурда Сочиде 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байгеси менен 12-катарга көтөрүлдү. Учурда жапондор 1 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байгеси менен 17-орунда. Дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болуп жаткан Украина кечээ биатлондо уткан айымдардын алтын медалы менен 20-орунга көтөрүлдү. Учурда оюндарга катышып жаткан 88 өлкөдөн 26 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын ырымга бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде коло байгени Денис Тен утуп берген эле.

Ош: Көпүрө көйгөйү, кыйналган тургундар

Ош: көпүрөнүн жаңы долбоору даяр эмес

Ош шаары, Навои көчөсү. 21-февраль, 2014-жыл.

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн бүтүрүп берүүнү убада кылды. Бирок курулуш башка долбоор менен түшөрүн айтууда.

Жумушка киришкенине толук бир ай болгондо калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев Навои эстакада көпүрөсүнүн курулушунан кабар алды. Анын абалы жана схемалары менен таанышты. Эң башкы маселе каражат табуу экенин мэр журналисттерге маек берип жатып билдирди:

- Былтыр бюджеттен 100 млн. сом каралган экен, быйыл 40 млн. сом карап атабыз. Шаардык бюджеттен дагы кошумча каражаттарды издештирүү үстүндөбүз. Бул көпүрө азыр өтө маанилүү объект. Сөзсүз бүтүрүшүбүз керек.

Шаар бийликтеринин айтымында, эстакада көпүрө таптакыр башка долбоор менен бүтөт. Ал боюнча учурда изилдөө иштери жүрүүдө. Ош шаардык жол курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов мындай деди:

- Мурунку долбоор менен өтө кымбат бааланып калган деп жатышат. Азыр эми жаңы долбоор боюнча, төмөнүрөөк кылып, алдынан жол өтө тургандай кылып бүткөрүүгө аракет кылабыз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мурда 345 метр болсо, азыр мобу Мажүрүм тал көчөсү алдынан өтө турган болуп гана, кыскараак салынат. Бул курулуш канчалык эрте бүтсө, шаардагы тыгындар, ошончолук тез азаят.

Шаар жетекчисинин көпүрөдөн кабар алганын угуп, заматтын ичинде эле анын жанына жүзгө жакын тургун чогула калды. Алар курулуштун айынан жолдор жабылып, жедеп тажаганын айтып жатышты. Айрымдар болсо көпүрө бүтпөсө, мэрдин жумуштан кетишин да талап кылып жиберишти. Салима Алиева деген айым буларга токтолду:

- Кичинекей шаарда саясатчылар онго бөлүнбөй, ынтымакта болгула. Бир идеология менен чогуу иштегиле. Мелистен калган нерселерди оңдосо оңдоп, иште, болбосо сен дагы жумуштан кеткин. Азыр тургундарга бул көпүрө абадан да зарыл.

Базарда соода кылган дагы бир Асылкан Абышева аттуу айым мэр менен сүйлөшүп жатканда "каражат жетпесе, карапайым калк чогултуп берели" деген сунуш киргизди:

- Көпүрөнү бүтүрө албайм деп айтпа. Артка кайтпа. Бүтүрөсүң. Себеби, мына калк ичинде мага окшогон адамдар бар. Алар колдон келишинче жардам кылышат. 5 сомдон таштасак да, 20 сомдон таштасак да, марафон уюштуруп атып бүткөрүп алабыз.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев болсо жакынкы күндөрдө курулуш башталарын тургундарга убада кылды:

- Көпүрө курулушу мыйзамсыз башталган. Мобу жерде базар турат, автобекет турат, канчалаган соода жайлары турат. Ушул көпүрө салынат деп канча ыңгайсыздык жаралды. Ошон үчүн бул көпүрө бүтүшү керек. Бирок көпүрөнүн үстүнөн машине өтөт, адам өтөт, адамдын өмүрүн эч нерсеге алмаштырууга болбойт. Муну дыкаттык менен иликтеп, анан ишти баштоо керек. Бүгүнкү күндө биз адистер менен изилдеп, иликтеп, кеңешип атабыз. Канткенде тезирээк бүтүрөбүз, кандай кылганыбызда арзаныраак бүтөт, ошонун үстүндө иш алып барабыз.

Кадырбаев: Көпүрөнү бүтүрөбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00


Эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча шаардык прокуратура 2 кылмыш ишин козгогон. Ошол себептүү иш учурда токтоп турат. Шаардык кеңеш жыл башында курулушка деп 60 млн. сомдой каражат бекитип берген. Калаа жетекчиси болсо кызматка келген күндөн бери, көпүрө боюнча жаңы долбоор сунуштаарын айтып келет. Ал жоопту тургундар чыдамсыздык менен күтүп жатканын Оштун жашоочусу Бекмамат Абдумалик уулу минтип айтты:

- Көпүрө бузулгандан бери шаар азыр өтө кыйын абалда турат. Машине бир жакта тыгын, эл бир жакта тыгын. Базарга кирип-чыгам деген адамдардын башы айланып, азапка батып бүттү. Ылай-баткакты айтпай эле кой. Жаңы мэрибиз Айтмамат Кадырбаев жумушка киришкенде, 20-январь күнү көпүрө боюнча жаңы долбоор сунуштайм деген, бирок эмдигиче ошол долбоорду көрө албай атабыз. Же сунуш кылбады, же бир курулуштун тагдыры жөнүндө так билдирүү бербеди. Эл болсо иш качан башталат деп күткөнү күткөн.



Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөсүнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле. Ошондон бери жолдун эки тарабы тең жабылып, каттамдар, унаалар айланып каттай баштаган. Курулуш 539 млн. сомго бааланып, кытайлык ишкерлерге тапшырылган эле.

"Турган бойдон көзүм жумулат"

Асанкан Жумакматов 85 жашында дүйнө салган.

Кыргыз симфониялык оркестринин “атасы” атыккан белгилүү дирижер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры – Асанкан Жумакматовду эскерүү.

Белгилүү кыргыз дирижеру – Асанкан Жумакматов кыргыз музыкасына өмүрүн арнаган залкар талант катары тарых бетинде калды. Ал көптөгөн залкар күүлөрүбүздүн улуу жаратмандары: Атай Огонбаев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов баштаган биртоп комузчулардын алтын фондудагы чыгармаларын симфониялык оркестрге түшүргөн.

Карамолдо Орозов атындагы элдик аспаптардын оркестринде жана Улуттук телерадио корпорациянын симфониялык оркестринде дирижерлук кылган кезде мыкты музыканттардын башын кошуп, эң бир сонун концерттерди элге тартуулаган.

Учурда бул вазийпаны “Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр" улантып келет. Оркестрдин жетекчиси Асанкан Жумакматовдун шакирти, белгилүү дирижер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев:

- Биздин консерваторияда опералык - симфониялык дирижерлук факультети жок болчу мурда. Асанкан Жумакматович биринчи болуп ачып, сабак берди. Факультет азыр түптөлүп калды. Менде азыр он бешке жакын бала окуйт. Казакстандан келип окуйбуз дегендер да болуп жатат.

Асанкан Жумакматов эмгек жолун 1941-жылы СССРдин мамлекеттик симфониялык оркестринде барабанчы болуудан баштаган. Согуштан кийин Москвадагы Мамлекеттик консерваторияда окуган. Бир аз иштеген соң, дирижерлук билимин тереңдеткени ал окуу жайга кайра тапшырып, экинчи ирет күчтүү мугалимдерден окуган экен. Мына ушундан кийин “Русалка”, “Кармен”, “Пиковая дама”, “Көкүл”, “Ак шумкар”, “Токтогул”, “Жамила”, “Борис Годунов”, “Евгений Онегин”, “Мефистофел” жана башка эң бир татаал дүйнөлүк классикалык операларды биринин артынан бирин коё баштаган. Жандүйнөсү менен берилип иштеген жана андан убактысын да, түн уйкусун да аяган эмес.

- Абдан тез иштечү. Кечинде алып кеткен программасы, таң эрте даяр болуп калчу. "Түнү бою кирпик какпайм, уйку жакшы келбейт" деп өзү айтып калчу эле.

Өмүрүндө элүүдөн ашык дүйнөлүк, чет өлкөлүк жана улуттук опера-балет классикасын койгон инсан, оркестрдеги ар бир адамды түшүнүп, анын тилин таап, музыка аркылуу сүйлөшүп да, иштешип да, ар биринин чыгармага жеке мамилесин ойгото алган. Репертуарда көптөгөн сааттар бою иштеп, фестивалдарды уюштуруп, эл аралык конкурстарга калыс болуп, музыка дүйнөсүндөгү бүтүндөй бир доордун күрөө тамырын колунда кармап турган.

- Абдан уникалдуу, тамашакөй киши эле. Пультта туруп оркестр кичине бир кыйын жерлерди аткара албай атса, анекдот айтып, көңүлдү көтөрүп койгон жакшы мүнөзү бар болчу. Ошол эле маалда талапты да кое билчү. Мен анын окуучусу болуп калганым үчүн тагдырга ыраазымын,- деп эскерди Рахатбек Осмоналиев.

Карапайым гений...

Асанкан Жумакматов жакындарынын эсинде дайыма жөө жүргөн, спартандардай катуу жерге уктап, таң эрте муздак сууга жуунуп, түрдүү көнүгүүлөрдү жасаган чыйрак адам катары калды. "Жумушка баратканда баштыкка нанын, үч-төрт помидорун, башка дагы майда-баратын салып алчу. Ошол үйдөн ала барган тамак менен түштөнчү. Анан да, оозунан түшпөгөн бир сөзү бар эле" деп эскерет келини Динара Жумакматова:

Уул-келини жана неберелери.
Уул-келини жана неберелери.
- Дирижер катары тик турган бойдон көзүм жумулат деп айтчу. Айтканындай эле турган бойдон кете берди, бирок өкүнүчтүүсү лифттин ичинде.

Дирижер көзү ачыктык кылган экен. Балким аян болгондур. 2008-жылдын 20-июлунда Бишкектеги борбордук ооруканада саламаттыгын чыңдап аткан Асанкан Жумакматов ишемби күнү түштөн кийин бейтапканынын лифтине кирген бойдон чыкпай калган. Маркумдун сөөгү эки күндөн кийин гана табылган.

Жумакматовдун ата-энеси өткөн кылымдын 30-жылдары кулакка тартылган. Репрессиянын эпкини анын турмушка чыккан эжелерин кыйгап өтүп Кыргызстанда калышкан экен. Улуу эжесинин бир кызы Рейна Чокоева. Ал кыргызга аттын кашкасындай таанымал балерина экени баарыбызга белгилүү. Эки бир тууган репрессиядан кийин кантип табышканын Рейнанын эжеси Дамира Чокоева минтип эскерди:

- Асанкан анан улуу таекем Мураткан, таенем Украинага айдалып кетишиптир. Апам сиңдиси экөө күйөөдө, өзүнчө жашагандыктан бул жакта калат. Апама алар кат жазганда дареги жок келчү экен. Керим Сооронбаев деген аталаш агабыздын үйүнүн короосунда атам менен Керим байкем апамды карашып: “тааныйт бекен, тааныйт бекен” деп атышканы эсимде, көрсө Асанкан таякем келе жатыптыр. Дарбазадан кирип келгенде эле апам “иий, айланайын!” деп чуркап барып кучактап калган.

Бир туугандар андан кийин бири-биринен кол үзүшкөн эмес. Бат-бат жолугуп турушкан.

- Асанкан таякем биздин үйгө бат-бат келип турчу. Мени театрга алып барчу, оркестрде барабанда ойночу. Мени дирижердун жанына отургузуп койчу, ошол жерден Бүбүсара Бейшеналиеваны биринчи жолу көргөм. Анан эрте үйлөнүп алды. 17 жашында балалуу болду. Биринчи аялы Уултай Кулдарова деген балерина болчу. Андан бир эркек, бир кыздуу болгон.

Ошол 17 жашында Асанкан Жумакматов Улуу ата мекендик согушка аттанган экен. Жашын бир жылга чоңойтуп алып барып, чалгынчылардын ротасында кызмат кылган. "Согушта ал ийининен жарадар болгон. Анын айынан колдору жакшы көтөрүлгөн эмес. Ошого карабай дирижерлукту таштаган жок",- деди келини Динара Жумакматова:

- Неберелери кичинекей кезинде быйтыйган колдорун анын ийининдеги чуңкуруна салып ойноп “бул эмнеге мындай, оорубайбы” дешип сурай беришчү. Колдору жарым-жартылай гана көтөрүлчү, бирок чебер дирижер эле.

Гүлкан Сатаева
Гүлкан Сатаева
Асанкан Жумакматов кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти, Гүлкан Сатаева менен кол кармашкан. Динара Жумакматова экөөнүн уулу Эриктин жубайы. Гүлкан Сатаева дирижер кайтыш болгондон жыл айланбай артынан кете берди.

Учурда дирижердун небереси Жамила “Асанкан Жумакматов атындагы жаш таланттарды колдоочу фонд” түзүп, чоң атасынын эстелигин орнотуп, эмгектерин архивдештирүү иштерин жасап жатат. Ошол эле мезгилде ал Асанкан Жумакматовдун атын коюуга көчө да, жер да табылбай жатканын айтып, өкүнүчүн билдирди.

"Ар-намыстын" элегинен депутаттын агасы өттү

“Ар-намыс” фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматына башчы боло турган адамды тандады.

16 талапкердин ичинен “Өнүгүү” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин агасы Аскар Төрөбаев көпчүлүк добуш алды.
Фракция жыйынында дал ушул талапкер ар бир депутатка 5 миң доллардан бериптир деген имиштер тарап жатканы айтылган. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев тандоо учурунда талапкерлердин арасында айрым депутаттардын жакындары бар экенин, алтооно кылмыш иши козголгонун айтып, жыйындан чыгып кетти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Эрлан Сапарбаев фракция лидери Феликс Кулов менен тил табыша албай кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

“Ар-намыс” фракциясы 21-февралда Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болом деген 16 кишинин талапкерлигин карап, алардын программаларын укту. Жыйынтыгында “Өнүгүү” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин бир тууган агасы Аскар Төрөбаев көпчүлүк добушту алды. Аны 22 депутаттын 14ү колдоду. "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу бул тандоо тууралуу "Азаттыкка" мындай деди:

- Көпчүлүк добушту Аскар Төрөбаев, экинчи орунду Султан Алчикенов, үчүнчүнү Болот Берикбаев алды. Алар да мыкты программалары менен чыкты. Кулов өзүнүн иш бөлмөсүндө Төрөбаевге "иштей албасаң, алты айдан кийин кетесиң" деп айтты. Мен дагы программасы жакшы талапкерлерди орун басарлыкка ал деп сунуштадым.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине "Ар-намыстын" депутаттары: Нуркамил Мадалиев өзү, Абдрахман Маматалиевдин баласы, Каныбек Осмоналиевдин иниси, "атажуртчу" депутат Азамат Арапбаевдин агасы талапкер болуп катталып, кийин кайра жетекчиликке баруудан баш тартышты. Мындан сырткары талапкер катары эне-бала Чылабаева Айнагүл менен Мамаев Рахатбек, “Асаба” партиясынын өкүлү Салмоорбек Дыйканов, Мамлекеттик мүлк министрлигинин мурдагы жетекчиси Дайыр Кенекеев жана башкалар катышкан.

Жыйында бул талапкерлердин алтооно мурда-кийин кылмыш иши козголгону айтылып, Каныбек Иманалиев аларды тизмеден чыгарууну сунуштады. Бирок демилге колдоо тапкан жок. Эл өкүлү жыйындан чыгып кеткен себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Биз сунуштаган Эмил Алиев бул тармакта коррупция бар экенин айтып, кызматтан кеткен. Андан кийин Эрлан Сапарбаевди билесиздер. “Ар-намыс” фракциясы эки жолу катары менен уят болдук. Үчүнчү жолу “Ар-намыстан” көрсөткөнүбүз туура болбой калат. Ошондуктан бул кызматка өкмөт өзү тандасын, ал “Ар-намыстын” алдында бул тармакты кантип реформалай турганы боюнча суроолорго жооп берсин деп сунуштагам. Ал эми азыркы талапкерлер арасында депутаттардын туугандары, мурда кылмыш иши козголгондор бар. Бул фракциянын аброюна шек келтирет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Эрлан Сапарбаев фракциянын лидери Феликс Кулов менен жаңжалдан улам кызматтан кеткен. Көпчүлүк коалициянын келишимине ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы “Ар- намыс” фракциясына тийген.

Талапкерлерди тандоо маалында депутаттар "Аскар Төрөбаев ар бир фракциядагы эл өкүлүнө беш миң доллардан берди" деген ушак тараганын да айтышты. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева мындай деп билдирди:

- Бул суроону аталган талапкерге Феликс Кулов да узатты. Төрөбаев маалымат такталса, кызматтан кетем деп билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы майлуу-сүттүү, ошол эле учурда коррупциялашкан мекеме катары эсептелип келет. Атайын сурамжылоолордо да коррупция күч деген тармактардын алдыңкы сабында болгон. Ошого карабай, бул кызматты эңсегендер арбын. 2010-жылдан бери эле Каттоо кызматында үч жетекчи алмашкан. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев бул кызматка көптөр акча жасоо үчүн келет деп белгиледи:

- Баары Мамлекеттик каттоо кызматын акча жасай турган коррупциялык уюк кылып алган. Көбү аны реформа кылайын дебей, андан тамактанайын деп баратат. Биз ага табакташ болбошубуз керек.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Азиз Батукаевге, бозгундагы казак банкири, оппозиционер Мухтар Аблязовго паспорттор мыйзамсыз берилгени белгилүү болгон. Адам өлтүрүүгө шектелген орусиялык жаран Ян Лебедовго паспорт жасады деп шектелген эки кызматкерге буга чейин ички процедураларды бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган. Ушундан улам "Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жаңы жетекчи тармакта катуу реформа жүргүзүшү керек деп эсептейт:

- Каттоо кызматы толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө алынып, реформа жүрүшү керек. Ошондой эле мамлекет ар бир жарандын, кыргызстандыктардын маалыматтык коопсуздугуна кепилдик бериши зарыл. Конституцияда квота деген түшүнүк жок. Тилекке каршы, фракциялар министрликтерди ич ара бөлүшүп алып портфель сатууда.

Башка фракцияларга караганда “Ар-намыс” өкмөттөгү өз кадрларын көбүрөөк чакыртып алат. Буга чейин фракция Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарабевди, Айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаевди, вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду, дагы бир вице-премьер Гүлнара Асымбекованы иши канаттандырарлык эмес деп чакыртып алган. Эми жаңы тандалган Төрөбаевдин талапкерлиги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге сунушталат.

Видео жаңылыктар, 21-февраль 2014.

Видео жаңылыктар, 21-февраль 2014.
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

ЖККУ чек ара чатагын чечүүгө кириштиби?

ЖККУ төрагасы Николай Бордюжа

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа кыргыз -тажик чек арасындагы абал жакшырганын Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолуккандан кийин айтты.

Кыргыз бийликтери болсо чек арада абал толугу менен турукташа электигин айтууда, эки өлкө ортосундагы чек ара бекеттери жабык бойдон турат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа бейшембиде Дүйшөмбүгө барып, президент Эмомали Рахмон менен жолукту. Тажик президенти менен чек ара маселесин талкуулаган Бордюжа жолугушуудан соң журналисттерге сүйлөп жатып, кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташканын билдирди.

Баш катчынын айтымында, абалды турукташтыруу үчүн бир катар иштер аткарылып, учурда чек араны делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиялары өз ишин жыйынтыктап жатат. ЖККУ баш катчысы кандай негизге таянып, бул билдирүүнү таратты деген суроо учурда кыргыз коомчулугун кызыктырууда. Анткени, 11-январдагы куралдуу кагылыштан соң эки өлкөнүн вице-премьерлери жетектеген расмий өкүлдөр бир нече ирет жолукса да, чек ара бекеттери ачыла элек. Чатактын ырбашы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкпай, эки тарап күнөөнү бири-бирине оодарып келет.

Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов да чек арадагы абал толугу менен турукташа электигин билдирүүдө:

- Чек арадагы абал азырынча толугу менен турукташа элек. Биз көрүп жаткандай, чек арадагы эки өлкөнүн тургундары бири-бирине таш ыргытып, машинелерин талкалап салган учурлар катталып жатат. Ошондуктан толугу менен абал турукташты деп айтууга болбойт. Ал эми мырза Бордюжанын эмнеге таянып, мындай маалымат бергенин билбейт экенмин. Ал киши менен сүйлөшкөн жокмун. Бул ал кишинин жеке көз карашы деп бааласак болот го.

Токон Мамытов чек арадагы абал толук турукташмайынча кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер ачылбай турганын кошумчалады. Ошондой эле өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ЖККУ баш катчысынын Кыргызстанга келээри тууралуу маалымат жок экенин билдирди. Өткөн айда Николай Бордюжа Дүйшөмбүгө барып, күн өтпөй Бишкекке келген. Анда баш катчынын эки өлкө чек арасындагы чатактан кийинки түзүлгөн абалды жөндөө үчүн ортомчулукту аркалаганы келгени айтылган. Расмий Бишкек да ЖККУнун ортомчулугунан баш тартпай турганын жарыялаган.

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубнов ЖККУга мүчө болгон эки өлкө орток пикир таба албай турганда, бул уюмдун баш катчысы расмий мандатка ээ болбосо да ортомчулукка киришүүгө милдеттүү деген пикирде:

- Кыргызстан менен Тажикстан ЖККУнун мүчөсү болгондон тышкары, бул эки өлкөгө Орусия бир топ сандагы курал-жарак бергени жатат. Ошондуктан бул уюм эки өлкө ортосундагы чатактын орун алышын каалабайт. Мындай кырдаалды Николай Бордюжа сыяктуу эл аралык уюмдун баш катчысы, ага эч ким расмий мандат бербесе да, кандайдыр бир жол менен ортомчулук милдетти аркалоого тийиш. Бордюжа мына ушул милдетти аркалап жатат. Ал эми абалды турукташты деп айтып жатканынын себеби, Тажикстандын президенти менен жолуккан соң, журналисттерге чек арадагы абалды начар деп айта албайт эле. Ошондуктан ал абалды жакшы деп баалоо менен эки өлкөнүн жетекчилерин маселени оңунан чечүүгө чакырып жатат.

Ошентсе да, бир катар эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы чырды жөнгө салууга ЖККУнун кийлигишүүсүн жөнсүз деп эсептейт. Чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов кыргыз-тажик жаңжалына ортомчунун аралашуусу маселени тереңдетет деди:

- Эл аралык практикада эки тараптын чатагына үчүнчү тарап ортомчу катары катышкан учурлар көп эле болуп келет. Бирок алардын жыйынтыгы анча деле көңүл жубатарлык эмес. Анткени, үчүнчү тарап аралашып, маселе чечилди деген менен эки тарап нааразы бойдон кала берет. Муну көптөгөн тажрыйбалар деле көрсөтүүдө.

Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жолду курууга байланыштуу 11-январда кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда куралдуу кагылыш чыккан. Анда кыргыз тараптан алты, ал эми тажик тараптан эки чек арачы жарадар болгон.

Бул окуядан соң Бишкек Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган. Андан бери эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөнү менен эки тарап бири-бирин айыптап, мунаса таба албай келет. Буга чейин Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон баштаган делегация Бишкекке сүйлөшүү үчүн эки жолу келген. Чек ара боюнча кийинки сүйлөшүү март айынын башында Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өтөрү маалымдалган.

Конкобаев: ырааттуу саясатсыз тил өнүкпөйт

Бүгүн - Эне тилдин эл аралык күнү. ЮНЕСКО эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды Эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген.

ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 7 миңдей тил болсо, анын 50 пайызы жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ал эми кыргыз тилинин абалы кандай? Соңку жылдары жакшырдыбы? Бул тууралуу филология илимдеринин кандидаты, профессор Кадыралы Конкобаев "Азаттыкка" айтып берди.

“Азаттык”: Кадыралы мырза, ЮНЕСКОнун изилдөөсүнө караганда дүйнө эли 7 миң тилде сүйлөйт экен. Бирок келээрки жүз жылдыкта дүйнө тилдеринин саны эки эсеге азайып, 3 500 гана тил калат деп жатышат. Окумуштуу катары сиздин соңку маалыматыңыз кандай?

Конкобаев: Мурдагы изилдөөлөр боюнча 7 миңдей тил бар болчу. Бирок акыркы 50 жыл ичинде бул тилдердин саны 3-4 миңге азайды. Ар бир 10 жылда, 50 жылда, 100 жылда тилдердин саны барган сайын азайып жатат. Акыркы жылдары маалымдоо каражаттары "кыргыз тили жок болуп бара жаткан тилдердин ичине кирди" деген жаңылыш маалыматты жазып жүрүшөт. Бул сөз Маньчжуриядагы Фую кыргыздарынан улам чыккан. Аны түшүнбөй, жалпы Кыргызстанга чаптап жатышат. Дүйнө жүзүндө азыр жанагы 3 миң, 6 миң, 7 миң тилдин ичинде 250гө жакынынын адабий жазма тили бар. Кыргыз адабий тили, кыргыз элдик оозеки тили ошондой чоң тилдердин катарына кирет. Бүгүн дүйнөдөгү кыргыздардын саны 6 миллионго чукулдап калды.

“Азаттык”: Лингвисттердин айтымында, бир миллион адам сүйлөгөн тил - саламаттыгы чың тил деп саналат. Бул жагынан алганда кыргыз тилинин абалына кандай баа берсе болот? Кыргызстандын канча пайызы кыргыз тилинде сүйлөйт?

Конкобаев: Канча пайыз эл кыргызча сүйлөйт деген изилдөө азырынча жок, так айтуу кыйын. Бирок бүгүнкү кыргыз оозеки тили активдүү, кыргыз жашап турганда колдонула турган тил. Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин курулушунан кийин кыргыздын бүгүнкү адабий тили жоголуп кетпейт. Бул келечеги бар деген маанини туюндурат. Ал эми адабий тилдин колдонулушу боюнча айта турган болсок, бүгүн чынында эле мамлекеттик башкаруучулардын илим, укук, эл чарбасындагы иштеринде адабий тилдин колдонулушу чектелүү. Ушу чектелген функционалдык кызматтык абалдан улам эле кыргыз тили начарлагандын үстүндө деп карапайым эл айтып жатат да.

“Азаттык”: Илимпоздор тилдин колдонуу чөйрөсүнүн тарышын жана жок болуусун ал тилди алып жүрүүчүлөрдүн санына, ошондой эле коомдук турмуштагы маанисинин төмөндөшүнө, натыйжада өкмөттүн жетишерлик колдоосу болбой калышына байланыштырышат. Тилди сактап, багуу боюнча мамлекеттин саясатына кандай баа бересиз?

Конкобаев: Жыйырма жылдан ашык эркиндикке чыккандан берки кыргыз адабий, мамлекеттик тилине карата болгон камкордук начар деп ачык эле айта алам. Өкмөт тарабынан комиссиялар түзүлүп, ар кандай сөздөр айтылганы менен тийиштүү деңгээлде колдоо жок. Натыйжада бүгүн бирдиктүү координация жасай турган, кыргыз тил илиминин проблемаларын изилдей турган изилдөөлөр жок, сөздүктөр да чыкпай калды. Мунун баары өкмөттү башкарып тургандарды ойлондурушу керек.

“Азаттык”: Тилдин дагы бир көйгөйү болуп, тилге болгон суроо-талаптын жоктугу эсептелет. Эл кайсы тилди билүү материалдык пайда алып келсе, ошол тилди үйрөнүүгө ашыгат. Кыргыз тили башка чет тилдер менен теңтайлашып жашап кетиши үчүн илимдин, техниканын тилине айланышы зарыл. Бул багытта жылыштар барбы?

Конкобаев: Көйгөйлүү, туура суроо. Бирок бул маселелердин баарын чечүү үчүн мамлекеттик тилди өнүктүрө турган ырааттуу саясат, ырааттуу каржылоо, ырааттуу адистерди даярдоо болушу керек. Биз 70 жыл орусча башкаруу алдында болуп, орусча билим алдык. Бүгүнкү жетекчилер, интеллигенциянын өкүлдөрү дагы тарбияны, билимди орусча алгандыктан бардыгы ошого көнгөн. Эгемендикти коргоонун эң башкы жолдорунун бири мамлекеттик тилди мамлекеттик башкарууда, ар кандай мамлекеттин эл чарбасынын тармактарында колдонууга жетиштирүү деген бул аябай чоң, оор кызмат.

Сириядан кийин түрмөгөбү?

“Де-факто” гезити 21-февралда чыккан санында саясат иликтөөчү Айнура Арзыматованын интервьюсун окурмандарга тартуулады.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаев Орусия делегациясын кабыл алып, энергетика маселесин талкуулаганын кабарлады.

“Уктайм деп кызматынан айрылды” деген кабарда ушул жылдын 17-февралындагы Башкы прокуратуранын коллегия жыйынында башкы прокурор Аида Салянова уктап жаткан бир прокурорду уйкусунан ойготуп, жыйын залынан айдап чыккан. Эртеси ал Базар-Коргон районунун прокурору Артисбек Кыдыралиев деген жигит экендиги такталып, мамлекеттик кызматына кылган кайдыгер мамилеси үчүн Аида Салянова аны мындан ары каалашынча уктап алсын деп кызматынан бошотуп салганын жазыптыр.

Барно Эшимованын макаласы “Этникалык кыргыздардын абалын ким сурайт?” деп аталып, өз эл-жерибизге келип, кор болуп, эмдигиче паспорттору жок жүргөн кыргыздардын абалы тууралуу кеп болду.

“Алиби” гезитиндеги Украина тууралуу жазган макаласында Дайырбек Мейманов “Украинанын учурдагы трагедиясы Орусияга ыктаган кыргыз бийлиги менен Батыш менен Америкага ыктаган айрым оппозиционерлерге сабак болуусу зарыл” деген ойду айтты.

“Фабула” гезити Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкери менен экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү багытында маек курду. Кооптонууга негиз жок болгону менен Сирияга согушка кеткендердин саны арбып жатканы чын экенин, Сирияга барып согушка катышып, кайтып келип бул жактан мыйзамсыз иштерди жасагандар көбөйгөнүн, буга жаңы жылдын алдында кармалган Казакстандын эки жаранын мисалга тартса болорун, булар Сириядан келип терррочулук топ түзүп, финасы булактарын таап, Сирияга жөнөтүү иштерин жүргүзгөнүн, маселен, Бишкектин Ош базарында жайгашкан РСК банкынан 1 млн. 200 миң сомду тоногондор ушул топ болгонун, тоногон акчаны Сирияга жөнөткөнгө үлгүрүп да калганын, азыр алар камалып, суралып жатканын айтты.

Ал ошондой эле бүгүн Кыргызстандын 50дөн ашык жараны Сирияда согушуп жүргөнүн, алтургай бир жаран келинчеги менен 9 жашар баласын кошо ала кеткенин, Сирияга көбүнчө динге баш-оту менен сайылып калгандар азгырылып атканын, ата-энелер балдары медресеге барып жатса эле ыймандуу болуп жатат деп жаңылышып жатканын кеп кылды.

“Жаңы агым” гезитиндеги Жалил Сапаровдун макаласы “Жалал-Абаддагы экономиканын жалгыз кыр аркасын өкмөт неге кыйраткысы келет?” деп аталса, Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусовдун чакан маеги “Бажы кызматында реформа ишке ашты десек болот” деп аталды.

Сапарбек Акунбековдун макаласы “Жигулинин моторун “Москвичке” баскан Жеңишбек Бекмуратов тууралуу баяндады.

“Де-факто” гезитине саясат иликтөөчү Айнура Арзыматова “Бийликке ишенимди арттыруу Атамбаевдин өзүнөн гана көз каранды” деп маек берип, бийлик Мелис Мырзакматовго каршы анын өзүндөй эле сапаттарга ээ Айтмамат Кадырбаевди алып чыгуу менен терең ойлонулуп чыккан кадам жасаганын, жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдын бирдиктүү идеясы да, идеологиясы да жоктугун, кыймылдын келечеги болуш үчүн Мамлекет деген, Эл деген идея болушу зарылдыгын, а буларда баштарынан ашкан дымактары менен ар кимисинин жеке кызыкчылыктары гана барын, мындай кыймылдан эч нерсе чыкпастыгын белгиледи.

Айнура ошону менен бирге эле бүгүнкү күндө Акаев менен Бакиев кезиндегидей элди социалдык жарылууга алып келе турган себептер жок экендигин, эки революциядан кийин элдин турмушу оңолуп, экономикабыз дүркүрөп өсүп кетпегенин, албетте эл ошол Акаев, Бакиев кездегидей эле жашоону башынан өткөрүп атканын, бирок андагыдай элди муунткан, элди массалык түрдө көчөгө чыгарган, бүтүндөй элди кыжынткан факторлор азырынча жок экендигин белгиледи.

БУК болгон оппозиция

“Учур” гезити журналист Сабыр Мукамбетовдун жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймыл тууралуу макаласын басты.

Нуржамал Байболова “Азия ньюс” гезитине берген маегин “Атамбаев текеберленбей, оппозиция менен сүйлөшүүгө барышы шарт” деп атады.
Ушуга улай эле “Чарба айдыңы” деген рубриканын алдында “Жаңы жолдогу түгөнбөгөн эски ырлар” деген ат менен адис-аграрчы Бекболот Талгарбеков маек куруп, Кыргызстанга айыл чарба реформасын кандайча алып келгенин кенен кеп кылды.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов Токтогул ашык болгон Алымкандан төртөө табылганын сүйүнчүлөп, кызыктуу аңгеме курду.

“Мекен инфо” гезити депутат Чыныбай Турсунбековдун “Кумтөр боюнча жаңы келишимдин токтомун кабыл алуу менен алдыга жылуунун алгачкы кадамы жасалды” деген маегин тартуулады.

“Асаба” гезити аркылуу Билим берүү министринин орунбасары Назаркул Ишекеев “Министрлик диплом сатпайт. Ар бир диплом атайын текшерүүдөн өткөн колдор менен берилет. Окуучуларга бирдиктүү мектеп формасын киргизүү максатында сынак жарыялады. Сынактын максаты 1-11-класстардын окуучуларынын мектеп формасына бирдей талапты иштеп чыгуу менен улуттук маданиятты сактоону көздөйт” деп айтты.

Омбудсмен Бакыт Аманбаев ушул гезитке берген маегинде Орусияга барып, орус бийлиги киргизген кара тизмени канткенде азайтса болот деген маселенин тегерегинде сүйлөшүп келгенин, мындан дароо эле оң жыйынтык чыгат деп айта албастыгын, бирок аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

“Учур” гезити белгилүү журналист Сабыр Муканбетовдун “Бок жаман эмес жок жаман” деген макаласын басты. Автор жазгы саясий өнөктүк өлкөдө оппозициялык маанайдагы күчтөрдүн биригиши менен башталып, жума башында Бириккен Улуттук Оппозициялык Кыймыл же кыскартканда БУОК деген аталыштагы жаңы бирикме түзүлгөнү тууралуу кабар желдей тараганын белгиледи. Автор андан ары кезинде адегенде Акаевге каршы КЭК, кийин Бакиевге каршы БЭК дегендер түзүлгөнүн, бул оппозиция да ошого окшотобуз деп “Бириккен Оппозициялык Кыймыл” деп аташса аббревиатурасы БОК болуп калып, анан ага “улуттук” деген сөздү кошуп БУОК деп аташса, “төрт тамга болуп кетти, удача деген үч тамга менен келчү эле, “БУК” эле болсунчу деп бир пикирге келе алышпай, анысын кийинки жумада боло турган презентациясында тактамай болушканын, илгери эки карганын бири "БОК жаман" десе, экинчиси "БОК жакшы" деп талашып атса, дагы бири учуп келип, “БОК жаман эмес ЖОК” жаман” деген экен, болгонуна каниет кылып, оппозиция эми “БУК болобу же бугу чыкпай БОК болобу, анысын убакыт көргөзөр, а биз болсо колдоп коелу, армандары калбасын” деп жазды.

“Асман пресс” гезитине экс-президент Аскар Акаев “Акылман элим акыры калыс баасын берет деп ишенем” деп интервью берди. Акаев Орусияга үй-бүлөсү менен үстүндөгү кийип турган костюму менен эле чыгып кеткенин, болгон байлыгы Кыргызстанда калганын, Майрам Акаеванын саясат менен иши жоктугун, эң жакын адамы Кубанычбек Жумалиев экенин, ал келип-кетип турарын айтты.

“Айат” гезити депутат Каныбек Осмоналиевдин билим, мектеп, жергиликтүү бийлик тууралуу, Чубак Ажынын ыйман тууралуу кызыктуу маектери жарыяланды.

“Тил маданияты” гезити жаңы санын “21-февраль эл аралык эне тил күнү” деген баштема менен ачып ага макаласын арнады.

Профессор Абдыкалый Туйбаев “Журналисттер божомолдонгон маалыматтардан качыш керек” деп маек курду.

Публицист Жолдош Турдубаевдин көркөм баалуулуктар боюнча айткан ойлорунун корутунду бөлүгү “Тил маданиятынын” бүгүнкү санында.
Акын Кыялбек Урмамбетовдун жаңы ырлары өзүнүн жана көлдүн сүрөтү менен кошо гезиттин бир бетине толо жарык көрдү.

Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев өз колу менен жасап, өзү дүйнөгө даңазалап келаткан улуттук музыкалык аспаптар туурасында айтып берди.

Жумгал: сот залында айыпталуучуларга өрт коюшту

Кара-Кече көмүр кени. 10-декабрь, 2013-жыл.

Кара-Кече көмүр кенинде милициянын ур-токмогунан каза тапты делген Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерине бензин чачып, өрт коюшту.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” тастыкташынча, бул окуя 20-февраль күнү түш оой Жумгал райондук сотунун имаратында катталган. Анда 1-декабрда Кара-Кече көмүр кенинде ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эки жана Нарын ОИИБинин ыкчам чара көрүү отрядынын бир кызматкеринин ур-токмогунан улам өлдү делген Айбек Мамбеталиевдин иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан. Абдраимов болуп өткөн окуяны мындайча түшүндүрдү:

- Соттук процесс учурунда Мамбеталиевдин жакындары темир тор ичинде турган 3 милиция кызматкерине бензин чачып, өрттөп жиберишкен. Натыйжада конвой аларды сыртка алып чыгууга мажбур болгон. Ошого карабай айыпталып жаткан эки милиция кызматкердин денеси күйгөн. Конвой аларды сыртка алып чыккан учурда Мамбеталиевдин туугандары бир айыпталуучуну белгисиз жакка алып кетип аёосуз сабап, кайра райондук ооруканага ташташкан. Дагы бир айыпталып жаткан милиция кызматкери кол салгандардан коргонуу максатында Жумгал дарыясын көздөй качып кеткен. Азыркыга чейин анын кайда экени белгисиз.

Абдраимов кошумчалагандай кылмышка шектүү милиционердин бири Жоомарт Сыдыковдун абалы оор болгондуктан Бишкекке алынып келинди.

Деген менен 27 жаштагы маркумдун энеси Жамила Нааматова соттон акыйкаттык издеп жүрүп тажаганда ушундай окуя болгонун айтат. Нааматова болуп өткөн окуяны уулунун өлүмү боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, сотко жеткенде “адам өлтүрүү” деген оор берененин алынып салышы менен байланыштырды.

- Биз сотту чакыртып алып, ишти кайра тергөөнү талап кылалы дегенбиз. Анткени булар милиция кызматкерлерине карата “адам өлтүрүү” беренесин алып салып, “кызмат абалынан пайдалануу” боюнча тергеп жатышыптыр. Бул жакта карачечекей адам өлүп жатат. Биз ошол беренени койгула десек, сот болбойт деп чыгып кетти. А айыпталып жаткан милициялар сотто каткырып, жыргап отурушту. Бизди күйгүзгөнү күнөөлүүлөрдүн жазага тартылбай жатышы. Туура, бүгүн биз ачууга алдырып ар кандай нерселерди кылдык. Бирок биз мунун баарын акыйкаттык издеп кылып жатабыз. Башында эле эгер сот туура эмес чечим кабыл алса аларды өзүбүз соттойбуз деп айтканбыз. Эмнеси бар экен канга кан да.

Окуяга күбө болгондордун бири, жергиликтүү укук коргоочу Эраш Кумарбеков айыпталуучуларга карата кол салууну соттун адилетсиз чечиминен көрөт.

- Бул жердеги элдин талабын деле түшүнсө болот. Анткени “адам өлтүрүү” беренеси коюлуп жаткандан кийин айыпталуучулар үй камагына бошотулбашы керек эле. Эми бул жерде эки жактан тең эле кетип жатат. Бирок 104-берене менен кылмыш иши козголуп, сотко жеткенде алынып салышы чырдын чыгышына себеп болду. Тоок уурдагандар түрмөдө отуруп, киши өлтүргөндөр ээн-эркин жүрсө элдин деле кыжыры кайнайт да.

Айыпталган милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда майрамдашууда. Сүрөт январь айынын башында интернетте тараган.
Айыпталган милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда майрамдашууда. Сүрөт январь айынын башында интернетте тараган.
Буга чейин айыпталуучулардын убактылуу кармоочу жайдагы адамдар менен көңүл ачып, гитара чертип отурган сүрөтү интернетке жарыяланып, чуу жараткан.

Кара-Кечеден Бишкекке көмүр тартып иштеген Мамбеталиевдин өлүмү боюнча Жумгал райондук прокуратурасы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Рустам Токтогуловго (учурда дайынсыз), Жоомарт Сыдыковго жана Нарын ОИИБинин ыкчам чара көрүү отрядынын кызматкери Чыңгыз Баялиновго карата “адам өлтүрүү”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча Жумгал райондук соту айыпталуучуларды 3-февралга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарганы менен Нарын облустук соту биринчи чечими менен тергөө абагын бир айга кыскартса, экинчи чечими менен айыпталуучуларды үй камагына бошоткону белгилүү.

Маркум Айбек Мамбеталиевдин артында 4 баласы жетим калды. Балдарынын улуусу 5ке чыкса, кичүүсү 5 ай айлык.

Видео жаңылыктар, 20-февраль, 2014.

Видео жаңылыктар, 20-февраль, 2014.
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Мигранттар укугу көз жаздымда

«Борбор Азия кыймылда» уюму Орусия жана Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттардын абалы боюнча иликтөө жыйынтыгын жарыялады.

Иликтөө жыйынтыгы боюнча "бул өлкөлөрдөгү мигранттардын укугу корголбойт" деген тыянак чыкты. Мигранттар көбүнесе мамлекеттик органдар, жергиликтүү тургундар тарабынан кодуланат.

“Борбор Азия кыймылда” платформасы “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы менен бирге мигранттардын абалын бир жарым жылга жакын иликтеген. Анда кыймылдын эксперттери Казакстан жана Орусиянын бир катар шаарларына барып, мигранттар менен жолугуп, сурамжылоо жүргүзгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, аталган өлкөлөрдө эмгектенген мигранттардын ар кыл басмырлоого тушугуп жатканы айтылат.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова басмырлоо мамлекеттик органдар менен катар жергиликтүү калк тарабынан да болорун билдирди:

- Кыргызстанда эмгек мигранттары абдан көп акча жөнөттү, алар ирденип калды деп айтып көнүп калганбыз. Бирок алардын көйгөйлөрүнө ичинен көз салсак, абдан кыйын абалда экенин байкайбыз. Мигранттар арасында каза болуп, мекенине сөөгү келген учурлар абдан көп. Бул адамдын жашоого болгон укугунун бузулушу деп айтсак болот. Орусиядагы дискриминациялык мамилеге акыркы жылдары "документиң жайында эмес" деген камоолор мисал. Ошон үчүн мунун баарын биздин өкмөттүн өкүлдөрү сүйлөшүү жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракет кылышы керек болчу.

Исмаилова кошумчалагандай, мигранттардын оор абалга туш болушуна Орусия менен Казакстандагы кыргызстандыктар да кошумча. Бул өлкөлөрдөгү диаспоралардын айрымдары коррупциялашып, алдамчылык көрүнүштөрү тамыр жайган.

- Диаспоралар коррупциялашып кеткен көрүнүштөр, ар кыл шылуундар документ жасап берем деп алдап кеткен учурлар көп. Ошондой эле жумуш таап берем деп алдап чакырып, айлык төлөбөй койгондор да арбын экен.

Исмаилова мигранттардын укугун коргоодо кыргыз өкмөтүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырууда. Укук коргоочунун пикиринде, мигранттарды басмырлоо фактылары боюнча БУУ баштаган эл аралык уюмдарга кайрылуу зарыл.

Укук коргоочулардын мигранттардын абалы боюнча тынчсыздануусуна “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимов да кошулат. Эшимовдун айтымында, көпчүлүк учурда мигранттын укугу милиция кызматкерлери тарабынан бузулат.

- Көчөдөн милиция кызматкерлери токтотуп, негизсиз эле текшерип, шылдыңдап калышат. Өз укугуңду айтсаң, "акылдуу окшойсуң” деп келеке кылгандары да жок эмес. Бирок мунун баарын эле саясатташтырууга болбойт. Муну мамлекеттик саясат катары эмес, айрым тартиби жок кызматкерлердин жоругу катары кабыл алсак болот.

Эшимов муну менен катар мыйзамсыз документ жасоо менен шугулданган кыргызстандык уюмдар да пайда болгонун четке какпайт.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын бузуу фактылары бар экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов да жашырбайт. Элчинин айтымында, Орусиядагы миграция жаатындагы эрежелер катаалданганда мыйзамсыз текшерүүлөр, камоолор күч алган.

- Күзүндө миграция боюнча эрежелер катаалданып, “кара тизме” түзүлүп жатканда планды аткарабыз деп жапырт текшерүүлөр күч алган. Бирюлеводогу окуядан кийин кармаган жеринен эле камаган учурлар көп болгон. Ашыкча да кеткен десек болот. Мигрант мыйзам буздубу же бузган жокпу териштирген эмес. Азыр болсо бир аз тынчып калды. Бирок пландуу түрдө текшерүүлөр жүрүп эле жатат.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт. Мигранттар жылына өлкө казынасына 2 миллиард долларга жакын каражат жөнөтөт. Бул кыргыз экономикасы үчүн олуттуу сумма. Бирок акыркы учурда Орусия Борбор Азиядан келген мигранттар үчүн мыйзамдарды катаалдантууда. Мыйзам бузду деген мигранттар “кара тизмеге” киргизилип, Орусияга кирүүсүнө тыюу салынууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматында, кара тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны ушу тапта 60 миңге чамалады.

Бөрү баласын ит кылган Аман ага

Орусия “Манасты” сурады

Орусия Кыргызстандагы “Манас” эл аралык аба майданына инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Бишкекте 19-февралда кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү “Манаска” инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ниет меморандумга кол койду. Тараптар азырынча инвестициянын шарттары тууралуу макулдаша элек.

Орусиядан өкмөттүк делегацияны Федералдык бажы кызматтын жетекчиси Андрей Бельянинов баштап келди. Кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда энергетикалык долбоорлор тууралуу да сөз болду.

Орусия “Манас” аба майданына 1 миллиард доллар инвестиция салууну убада кылып жатат. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азырынча инвестициянын шарттары, акциялардын үлүшү макулдашыла элек:

- Аба майданда биз хаб уюштурушубуз керек. Чет өлкөлүк учактар көбүрөөк конуп-учушу абзел. “Манастан” америкалык база кетип жатат. Биз ошончо көп учуп-конгон аскердик учактардын ордуна жарандык учактарды кабыл алышыбыз керек. Орусия чоң мамлекет, алардын аба компаниялары көп. Алар биздин аба майдан аркылуу канчалык көп учуп баштаса, көп жүргүнчүлөр каттаса, биздин бюджетке көбүрөөк каражат түшөт. Ошон үчүн Орусия бизге керек.

Оторбаев Москванын Оштогу эл аралык аба майданды оңдоп-түзөп берүү ниети бардыгын кошумчалады:

- Ош аба майданын жаңыдан куралы деп жатабыз. Себеби, бул аба майдандын келечеги абдан кенен. Бишкекте “Манас” аба майданынын жалпы базардагы көлөмү 2 миллион киши болсо, Оштуку 15 миллион болуп атат. Өзбекстандын, Тажикстандын жакын экенин эске алсак, бул аба майдандын келечеги кенен. Бирок ал жакта учуп-конгон тилкеден тарта, имаратына чейин жаңы курушубуз керек. Баткен аэропортун өнүктүрүшүбүз зарыл. Бардык жакка инвестиция керек. Ошондуктан биз “Роснефть” компаниясы менен келишимдердин принциптерине кол койдук. Буйурса ошонун негизинде долбоорлорду даярдап, Жогорку Кеңешке көрсөтөбүз.

“Манасты” Орусияга берип-бербөө маселесин Жогорку Кеңеш чечет. Кыргыз парламенти буга чейин ири өлчөмдө инвестиция салат деген жүйөө менен “Кыргызгазды” толугу менен Орусияга 1 долларга сатканга макул болгон эле.

Бейрасмий маалыматка караганда Москва Бишкектен аба майдандын 51 пайыз акциясын сурап жатат. Мындан улам айрым эксперттер Орусия “Манаска” толугу менен көзөмөл жүргүзүп калат, кыргыз учактары учуп-конгону үчүн Орусияга акча төлөгөнгө мажбур болот, Москванын “каш-кабагын” байкап учуп калат деп сындай баштады.

Кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү 19-февралда Бишкектеги жолугушууда энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да документтерге кол койду. Тактап айтканда, Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жагдайларын тактады.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Райымбек Мамыровдун айтымында, Орусиядан Жогорку Нарын каскадына келген 1 миллиард рубль акчанын үчтөн эки пайызы колдонулду. Ага жумушчулар жашай турган турак-жай салынды, бетон завод куруу үчүн жабдуу келди, андан сырткары суу чыгарылып, электр зымы тартылды:

- Ишти этап менен жүргүзүү боюнча эки тарапка акционердик коомдун уставдык капиталын түзүү маселелерин май айына чейин бүтүрүү боюнча тапшырма берилди. Экинчиси - “Русгидрого” октябрь айына чейин Жогорку Нарын каскадынын курулушун каржылоону жүз пайыз чечүү боюнча тапшырылды. Ага чейин мен жогоруда белгилеген акчанын эсебинен курула берет. Убактылуу курулуштар болуп жаткан жердин жалпы аянты чыгарылган. Ал 240 гектар. Анын акчасы эсептелип, “Электр станциялар” акционердик коому Нарын облусуна 10 миллион сом акча берген. Ал деген 2013-жылдын түшүмүнөн кеткен чыгашаларды компенсация кылуу үчүн берилген акча. Андан сырткары азыр ГЭСтерди курууга керектеле турган жердин аянты такталып жатат. Бул тактоо май айында бүтөт.

Буга чейин орусиялык айрым басылмалар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун кыргыз тарап кечеңдетип жатат деп жазып чыгышкан эле. Анда ГЭС курула турган жердин документтери даяр эместиги айтылган. Энергетика министринин орун басары бул мүчүлүштүктөр жоюлганын билдирди. Орусия аталган ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп берген, кыргыз тарап ага өзүнүн кошумча-алымчасын, тактоосун киргизди. Соңку вариант март айынын этегинде даяр болот:

- Кыргызстан тарап долбоорду ишке ашырууда кээ бир маселелерди кармап атат деп айтып чыгышкан. Анын ичинде жер маселеси да бар эле. Кечээ бул маселенин баары чечилди. Биз болсо акча каражатын берүү кечигип жатат деп айтып жатканбыз. Кечээ бул маселе да чечилип, даталар коюлган конкреттүү документ кабыл алынды. Май айында Камбар-Ата-1 жабык акционердик коомунун уставдук капиталы бекийт, июнь айында насыянын биринчи траншын алуу боюнча документ даярдалат. Ал эми октябрь айынан тарта акча келе баштайт.

Нарында төрт ГЭС жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү 2012- жылы макулдашкан. Долбоорлор өзүн актаганга чейин башкаруу Орусия тарапта болот, андан кийин гана үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.

Жат жерде чатакташкан кошуналар

Орусиядагы мигранттардын жатаканасы.

Акыркы эки айда эле Орусиядан кыргызстандык жети мигранттын сөөгү келди. Алардын ичинен экөө өзбекстандык жарандар тарабынан өлтүрүлгөн.

Бул окуяларга байланыштуу Питердеги кыргыз жана өзбек диаспоралары сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Катар-катар кол салуулар

15-февралда Орусиянын Звенигород шаарындагы аскер бөлүгүнө жакын жерде Чүй облусунун Кант районуна караштуу Люксембург айылынын 44 жаштагы тургунунун сөөгү табылды. Медициналык экспертиза ал күч колдонулуп өлтүрүлгөн деген бүтүм чыгарган. Көп өтпөй Орусиянын укук коргоо органдары бул ишке шектүү катары Өзбекстандын эки жараны кармалганын маалымдады.

16-февралда Санкт-Петербург шаарындагы Москва районунда Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 27 жаштагы келин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул учурда да маркумдун өлүмүнө шектүү катары Өзбекстандын бир жараны кармалганын жергиликтүү милиция кабарлады.

Бул маалыматтарды Орусиядагы Кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” тастыктады:

- Москва облусунун Одинцово районунда 44 жаштагы кыргызстандык жаранды өлтүргөн деген шек менен Өзбекстандын эки жараны кармалган. Бул тууралуу бизге ошол аймактык милиция бөлүмү маалымдады. Ал эми 16-февралда Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда өлтүрүлгөн кыргызстандык 27 жаштагы тургундун өлүмүнө шектүү катары Өзбекстан Республикасынын жараны кармалганы тууралуу бизге расмий маалымат түштү.

Өткөн күздө Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстандын жарандары чатакташып, ок атышуу болгону кабарланган. Ошол учурда бул маселе боюнча эки тараптын диаспора өкүлдөрү жолугушуп, жат жерде тынч, достукта жана ынтымакта жашоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн эле.

Питерде көп жылдардан бери жашап келе жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлү Өктөм Мамаева 16-февралдын түнүндөгү карасуулук кыздын өлтүрүлүшүнө байланыштуу да эки тараптуу сүйлөшүүлөр болоорун “Азаттыкка” билдирди:

- Күзүндө да эки элдин диаспоралары жолугуп сүйлөшкөнбүз. Азыркы учурда да бул жердеги кыргызстандык диаспоралардын мүчөлөрү өзбек диаспорасынын жетекчилери менен жолугуп, ынтымакта жашоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүнү чечип атабыз.

Жаңы жылдан бери эле жети мигрант ажал тапты

Санкт-Петербург шаарында иштеген кыргызстандык мигранттардын расмий саны үч миң, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, 25 миңдин айланасында. Алардын көпчүлүгү орус жарандыгын алышкан.

Өктөм Мамаеванын айтымында, Борбор Азиядан барган мигранттарга диаспоралардын тили өтүшү да кыйын:

- Ачыгын айтуу керек, мигранттар азыр диаспоралар менен деле иши жок болуп калды. Тааныш-туугандары аркылуу келишет, жумуш, жашай турган жердин баарын ошолор аркылуу эптеп таап, иштеп-жашап жүрүшөт. Бизге болсо качан гана документи жоголсо, же бир жакын тууганы, же таанышы жамандыкка кабылса гана кайрылышат. Жолугушууларды өткөрүп, таанышууга да көбүнчө иштен бошобой келишпейт.

Москвадагы жана Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспоралары бул окуяларды улут аралык кастыкка байлоого негиз жоктугун билдиришүүдө. Алардын бекемдөөсү боюнча акыркы эки жарандын өлүмүнө тең кадимки эле турмуштук чыр-чатак себеп болуусу ыктымал.

Жаңы жылдан берки кыска убакытта Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жети мигрант түрдүү себептер менен набыт болгон. Алардын ичинен бирөө - 37 жаштагы Айбек Кемелов 8-февраль күнү Москва облусундагы Мытищи шаарында поезд астында калып, каза тапканы кырсык катары катталды.

Калган учурлардын баарында набыт кеткендер киши колдуу болушканы кабарланууда. Орусиядагы элчиликтин маалыматы боюнча, азыр алардын өлүмүнө байланыштуу иликтөөлөр жергиликтүү күч органдары менен чогуу жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 550 миңдин айланасында. Ал эми такталбаган маалыматтарда миллиондон ашуун экени айтылат.

Киевдеги кырдаалдын Кыргызстандагы талашы

Киевдин Көз карандысыздык аянтындагы түтүн. 20-февраль, 2014

Интернеттеги Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык колдонуучулары Украинадагы абалды талкуулоодо эки жаат болуп, талашып-тартышууда.

Алардын бир тарабы президент Виктор Януковичти колдосо, экинчи тарабы демонстранттарды кубаттап жатат. Украинадагы кырдаалды талкуулап, ага баа берүү кыргыз коомчулугундагы орусиячыл жана батышчыл делген пикирлердин кагылышын көрсөттү.

Украинадагы окуялардын түпкү себеби да батышчыл жана орусиячыл болуп бөлүнүп калуудан улам келип чыкты деген пикир басымдуу.

Орусия жана Батыш болуп бөлүнүү Кыргызстанда да бар

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин пикиринде, Кыргызстандагы батышчыл же орусиячыл болуп бөлүнгөн идеологиялык көз караштардын кагылышы Украинадагыдай терең эмес.

- Албетте, Кыргызстанда деле Украинадагыдай саясий суроолордун үстүндө бөлүнүүчүлүк бар. Бирок Украинадагы бөлүнүү бир топ башка деңгээлде, тереңирек десек болот. Ал жердеги бөлүнүүчүлүк бир гана батышчыл же орусиячыл эмес, мурдатан келаткан Батыш Украина, Чыгыш Украина сыяктуу баскан жолунун, ошондой эле диндин негизинде да болуп келген.

Кыргызстанда карапайым калкта көп байкалбаганы менен орто катмарда, бизнес чөйрөсүндө жана саясатчыларда орусиячыл жана батышчыл болуп бөлүнүү бар экенин дагы бир саясий эксперт Марс Сариев кошумчалады.

- Интеллигенцияда, биснесмендерде жана саясатчыларда бөлүнүүчүлүк бар, бирок жалпы элде жокко эсе. Маселен, жыйырма жыл аралыгында Батышта окуп, Батыш менен бизнес кылган ишкерлер пайда болду. Ошол эле кезде Орусия менен тыгыз иштеген бизнесмендер да бар. Интеллигенция арасында дагы Батыштын демократиясын колдогондор, ошону менен бирге, тескерисинче Орусияны жактаган джа катмар бар.

Орусия менен тыгыз мамилени жактагандар арасында орус тилдүүлөр арбын.
Тарыхый жана экономикалык кызматташтыкты мисал тартып, ал жакта бир миллионго чукул кыргызстандык мигрант бар экенин айткандар Кыргызстандын келечегин Орусияга байлашат.

Экономист Жумакадыр Акенеев экономикалык кызматташтык боюнча Орусия биринчи орунда экенине токтолду:

- Инвесторлор да Орусиядан келип жатат. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын экспорту да Орусияга багытталган. Эң негизгиси, 700 миңдей эмгек мигрантыбыз Орусияда иштеп, мамлекеттин бир жылдык бюджетине караганда 1,5 эсеге көп акчаны Кыргызстанга которуп, анын эсебинен бул жакта экономикабыз кылдырап жатат.

“Же Орусия, же Европа”

Акенеев Украинадагыдай “же Орусия, же Европа” дегидей, Кыргызстанда тандоо жокко эсе деп эсептейт. Мындай пикирге Украинадагы окуяларга, Бажы биримдигине байкоо салып келаткан эксперт Денис Бердаков да кошулат.

- Бизде да келечекте “же Батыш, же Орусия” деген тандоо туруп калат деп ойлобойм. Анткени, Украина өзү Европада жайгашкан. Ал эми Европа кайда да, Кыргызстан кайда? Биз Европадан болгону баалуулуктарды гана алышыбыз мүмкүн. А Бажы биримдиги болсо экономикалык гана биримдик. Ал Кыргызстандагы демократиянын деңгээлине жана баалуулуктарына такыр таасир этпейт. Бул Путиндин саясий долбоору дегендер да бар дечи, бирок эми ар кимдин өз пикири болот да.

Ошол эле кезде Орусия менен өтө жакын ымала түзүү өлкөнү артка, диктатурага тартат дегендер да бар. АКШдагы, жалпы эле Батыштагы жетишилген демократиялык өнүгүүлөрдү өлкө турмушуна киргизгенде гана Кыргызстан өнүгөт деп, жар салып келаткандардын бири Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков. Ал жакынкы келечекте Кыргызстанда да демократия менен авторитаризмдин карама-каршылыгы күчөшү мүмкүн деген ойдо:

- Келечек бул Батышта эмес, келечек бул демократияда, келечек парламентаризмдин өнүгүшүндө болуп жатат. Биздин аң-сезимибизге Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары өздөрүнүн туура эмес түшүнүктөрүн, идеологияларын сиңирип ташташкан. Демократия десе эле бул жаман, Батыштыкы дешет. Ал эми бир адамдын көзүн карап отурсак, бул жакшыдай сезилет. Демократиялык мамлекет курабыз деген адамдар Кыргызстанда жетиштүү.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, эгер дүйнөлүк чоң оюңчулар кызыкдар болсо, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселесине геосаясий боёк сүртүлүп, өлкө ичинде саясий чыңалууга себепкер болушу мүмкүн.

Экономист Жумакадыр Акенеев болсо, жалпы улуттук маселелерде орток пикир табылбай эл эки жаат болуп калса, аларды референдумга алып чыкса да болот деп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG