Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:46

Кыргызстан

“Кыргызтелекомдун” мурунку жетекчиси камалды

“Кыргызтелекомдун” токсон пайыз акциясы мамлекеттин колунда.

“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун мурунку жетекчиси Марат Мамбеталиев 50 миллион сомдон ашык каражатты кымырып алган деп айыпталууда.

Марат Мамбеталиев экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда Ош - Эркеч -Там оптико-волокондук байланыш жолун курууда коррупциялык айла-амал менен 50 миллион сомдон ашык каражатты кымырып алган деген айып менен камалды. Адистердин пикиринде, байланыш тармагындагы эң ири ишкана - “Кыргызтелеком” азыр деле паракорчулуктан арыла элек.

“Кыргызтелекомдун” мурунку жетекчиси Марат Мамбеталиев менен кошо аталган ишкананын Оштогу бөлүмүнүн экс-деректирине, “Аламүдүнэнерго” жабык акционердик коомунун жана кытайлык “Хуавей” компаниясынын башчысына да кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдрамановдун “Азаттыкка” билдиришинче, кытайлык компаниянын өкүлүнөн башкасынын баары камакка алынды:

- Аталган кылмыш ишти тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча 13-январда “Кыргызтелекомдун” мурунку жетекчисине, аталган ишкананын Оштогу филалынын мурунку башчысына, “Аламүдүнэнерго” жабык акционердик коомунун башкы деректирине айып тагылды жана Бишкек шаардык милициянын тергөө абагына камалды.

“Кыргызтелекомдун” токсон пайыз акциясы мамлекеттин колунда. Анын 78 пайыздайына Мамлекеттик мүлк фонду, ал эми 12 пайыздан көбүрөөгүнө Социалдык фонд ээлик кылат, калгандары болсо жеке колдо.

Транспорт жана байланыш министринин орун басары Эрнис Мамырканов “Кыргызтелекомдун” ишине, анын ичинде каржылык мыйзам бузуулар боюнча маселелерге Мамлекеттик мүлк фонду жооп берерин айтууда:

- Бул жерде акча маселеси болуп жатпайбы. Мыйзам боюнча акча маселесине түз тиешебиз жок. Мамлекеттик мүлк фонду бюджетти да карайт, башчысын да шайлайт. Жоопкерчиликти да ошол сурап алат. Ошол эле Мамбеталиевди жана башкаларды Мамлекеттик мүлк фонду дайындаган. Биз болсо стандарттарды бекитип беребиз. Ошол эле Ош – Эркеч-Тамга оптико-волокондук технологиянын өткөрө турган кубаты кандай болушу керек деген стандарттарды бекитип беребиз. Калганын иштин баарын Мүлк фонду аткарат.

Мамлекеттик мүлк фонду “Кыргызтелеком” жана андагы коррупциялык иштер боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

“Кыргызтелеком” санариптик байланыш технологиясына өтүү үчүн жана керектүү жабдууларды алуу максатында 2000-жылдан бери Кытайдын Өнүктүрүү банкынан баш-аягы 34 миллион доллар насыя алган. Насыяны алып жатканда кытайлык “Хуавей” компаниясы ортого түшүп, кепилдик берген. Башкы прокуратура Ош-Эркеч-Там оптико-волокондук байланыш жолун курууда ири каржылык мыйзам бузууга аталган кытайлык компания да аралашканын жарыялады.

Транспорт жана байланыш министринин мурунку орун басары Нурлан Баямандын пикиринде, “Кыргызтелекомдо” туруктуу коррупциялык схемалар бар жана аны бир-эки адамды камоо менен жоюу мүмкүн эмес:

- 90-жылдардан тартып эле телекоммуникация тармагында бир топ коррупциялык схемалар түзүлүп, мамлекеттин каражаты уурдалып келгени коомчулукка жашыруун деле эмес. “Кыргызтелекомдун” мурунку жетекчиси Марат Мамбеталиевге кылмыш иштин козголуп жатышы жакшы белги. Аталган тармактын тазалана башташы катары бааласак болот. Бул аябай чоң мекеме. Анда төрт жетекчиден башка төрт миңден ашуун адам иштейт. Ондогон жылдар бою түзүлгөн коррупциялык схемаларды бир-эки күндө, же бир-эки адамды камай салып эле тазалоо кыйын. “Кыргызтелекомду” тазалап, реформа жасоо үчүн көп аракет керек. Ош – Эркеч-Там боюнча чоң суммадагы акча желип кетти. Бирок мындан башка азыраак суммадагы коррупциялык иштер да бар. Бул боюнча тергөөчүлөр дагы иштеши керек.

Байланыш тармагындагы эң ири ишкана - “Кыргызтелеком” 2010-жылы 5-февралда Казакстанда жана Кипрде катталган, аты белгисиз чет өлкөлүк компанияга 43 миллион долларга сатылган. Бирок апрель ыңкылабынан кийин кайра мамлекетке кайтарылган. Мындан эки жыл мурун “Кыргызтелекомду” атайлап банкрот кылып, аны кытайлык “Хуавей” компаниясына сатууга аракет кылып жатат деген чуу чыккан. Ошол учурда кыргыз өкмөтү аталган ишкананы реформалоо үчүн концепция да жаза баштаган эле, бирок бул аракеттен майнап чыккан эмес.

Ош: көпүрө салынчу жерден кумура табылды

Баткендин газы элге качан жетет?

Баткендин газы элге качан жетет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Экономикалык көрсөткүч ортозаар абалда

Кумтөр кени.

2014-жыл артта калып, 2015-жыл өз өкүмүн жүргүзүүгө киришти. Өткөн жылы кыргыз экономикасы эмнеге жетишти жана быйылкы жылы эмнелер күтүп турат?

Улуттук статистикалык комитет өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын жарыялады.

Бул жыйынтыктар адаттагыдай эле өкмөттүн жыйынында каралып, бааланары күтүлөт. Жыйынтыктар болсо өтө өйдө да эмес, өтө төмөн да эмес.

Маселен, ички дүң продукция өткөн жылы 3.6% өскөн. 2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылы өсүш 11% жакын болгон. Көрсөткүчтөрдөгү мындай айырмачылык Кумтөрдүн иши менен байланыштуу. Анткени 2012-жылы Кумтөр начар иштеп, 2013-жылы максималдуу көрсөткүчтөргө жетишкен же 19 тоннага жакын алтын казып алган.

"Дордой" базары.
"Дордой" базары.

Кыргызстандын экономикасынын тармактарынан кайра иштетүү, тоо кен жана айыл чарбасы төмөндөгөн. Өлкөнүн ички дүң продукциясынын жарымын берген кызмат көрсөтүү жагы жалпысынан үч пайыздан 9% чейин өскөн. Инфляция өткөн жылы ылдамдап, 10.5% түзгөн. Кээ бир азыктарга баа 20% жакын көтөрүлгөн.

Инфляциянын тегирмен ташын күчөтүп айланткан факторлордун негизгиси доллардын курсунун көтөрүлүшү экени маалым. Аны кайсы бир деңгээлде ооздуктоо үчүн Улуттук банк валюта базарына интервенция жасоо жана үстөк пайыздарды көтөрүү менен күрөш жүргүзүүдө.

Экономикада экспортту көбөйтүү боюнча олуттуу чара көрбөй, Улуттук банктын резерви менен валюта базарын жөнгөрүү резервдин кыскаруусуна алып келүүдө. Бүгүнкү күнгө карай, расмий маалыматтар боюнча Улуттук банктын резерви 1 млрд. 900 млн. долларды түзөт. Бул Орусия же Казакстандын ортозаар олигархтарынын акчасына тете сумма.

Улуттук банк ай сайын 50-100 млн. доллардан валюта базарына интервенция жасай берсе, анда жакында резерв эл аралык финансылык институттар талап кылган деңгээлден төмөндөп кетет. Белгилүү болгондой алар өлкөнүн валюта резерви кеминде үч айлык импортту жаба ала турган деңгээлде болуш керек деген талапты коюшкан.

Кыргызстандын өткөн жылдын 11 айындагы импорту 5 млрд. 69 млн. долларды түзгөнүн эске алганда, ал чекке өтө эле жакындап баратканыбыз айкын болот. 11 айдагы экспорт болгону 1 млрд. 461 млн. долларды түзгөн. Тескери сальдо төрт эсеге жакындап барган.

Бул тенденцияны өзгөртүү боюнча өкмөттө азырынча реалдуу чара да, план да байкалбайт.

Экономика министринин орун басары Данил Ибраев абалды өзгөртүү үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу аракети жасалып жатат деди:

- Экспорттук, өндүрүштүк потенциалды көтөрүү үчүн инвестициялык климатты фискалдык саясаттын негизинде жакшыртуу аракеттерин жасап жатабыз. Андан сырткары фирмаларды тез каттоо үчүн чаралар кабыл алынган.

Данил Ибраевдин пикиринде, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен импорттук төлөмдөр көбөйөт. Бул дагы жергиликтүү өндүрүүчүлөргө артыкчылык жагдай түзөт.

Өкмөт ошондой Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна көп ишеним артып жатат. Данил Ибраевдин маалыматы боюнча, февраль айынан тарта ишке кирише турган фонд өндүрүш тармагындагы долбоорлорго 10% тегерегинде насыя берүүнү чечет.

Өкмөт быйылкы жылы экономика 6% ашуун өсөт деп болжогон. Бирок Данил Ибраев кошуна мамлекеттердин деңгээлине жетүү үчүн 10-15% тегерегинде өсүш зарыл деп эсептейт.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстанда статистикалык маалыматтарга ишеним аз экенин айтууда. Муну ал бардык мамлекеттик органдардын көрсөткүчтөрдү көбүрөөк көрсөтүү кызыкчылыгы менен байланыштырат.

Азыркы шартта Орусия, Казакстан кризиске каршы программаларды иштеп чыкканын, ал эми кыргыз өкмөтүндө андай программа жок деген Равшан Жээнбеков оппозиция өз программасын иштеп чыкканын билдирди. Ал программанын негиздери Равшан Жээнбеков атады:

- Биринчи кезекте абалдан чыгуунун жолу бул мамлекеттеги бардык чыгашаларды оптимизациялоо жана аларды натыйжалуу пайдалануу. Экинчиден, мамлекеттик аппаратты, кызматчыларды, чыгашаларды кескин түрдө кыскартуу. Үчүнчүдөн, мамлекет элге көрсөтүп жаткан кызматтын санын кыскартып, калгандарынын сапатын жогорулатуу. Төртүнчүдөн, борбордук бюджетти экиге бөлүп, жергиликтүү бюджетке кирешенин көпчүлүгүн берип, борборго азырагын алып калуу. Азыр бизде 90% киреше борбордук бюджетте чогулат.

Равшан Жээнбеков ошондой эле донор өлкөлөр менен тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Операдагы фантом жана Малдыбаевдин сыйкырлуу романсы

Абдылас Малдыбаев.

Биздин замандын эң эле атактуу композиторлорунун бири Эндрю Ллойд Уеббердин “Операдагы фантом” аттуу мюзиклинде (Бродвейдеги эң эле көп коюлган спектаклдердин бири) окуя эми чиеленишип, эл музыканын кызыгына жаңы баткан кезде сахнадагы оюн чындыкка айланып, артисттер элге аралаша баштайт да, бир убакта чын эле көрүүчүлөрдүн үстүнө шыптагы чоң люстра кулап түшөт.

Жок, чындап эмес, электр жарыгынын, чарт-чурт эткен добуштардын күчү менен ошондой эффект жасалат. Натыйжада мюзиклдин драмалык таасири аябагандай күчтүү болуп, көрүүчүлөр чоң музыкалык рахатка батат… Сахнадагы фантом эстетикалык фантомго айланат. Башкача айтканда, көрүүчү чыныгы маданий "шок" дегенди башынан өткөрөт.

Атактуу “Айчүрөк” операсында да ошондой эстетикалык фантом кездешет: Семетейге ашык болгон Акун хандын кызы Айчүрөк кадимкидей эле канат кагып учуп, театр сахнасынын бир четинен экинчи четине учуп жетет. Бул эпизоддун көрүүчүлөргө тийгизген таасирин айтып отурбайлы, ал эпизод чынында да фантом, өтө сонун чечилген режиссердук жана композиторлук табылга эле.

Айтууга караганда, операнын негизги автору Абдылас Малдыбаев дал ушул эпизодду музыка аркылуу туюнтууга көп күчүн жумшаганын эскерип, дал ушул табылгасына айрыкча катуу сыймыктанчу экен. Мына, ошол легендарлуу опера жазылгандан бери 70 жылдан ашык убакыт өтүптүр (“Айчүрөк” 1939-жылы В. Власов, В. Фере менен биргеликте жазылган). Бул мезгилдин ичинде доор алмашып, нечен суулар акты. Тарыхтын бири кетип, экинчиси келген опур-топур сахнасында нечен оюндар ойнолду, бир система кетип, башкасы келди, бирок “Айчүрөк” баштаган А. Малдыбаевдин опералары, 200гө жакын ырлары, айрыкча уккан адамды таң калтырган романстары азыр да кыргыз музыкасынын жаркыраган бермети, күнү бүгүнкүдөй жаңы жана жандуу чыгармалары болуп жашап келет.

Малдыбаевдин сүрөтү алгачкы улуттук акча-сомго түшүрүлгөн.
Малдыбаевдин сүрөтү алгачкы улуттук акча-сомго түшүрүлгөн.

​Кристаллдын тунугундай шыңгыр, тоо булагындай мөлтүр, уккан адамдын жан дүйнөсүн козгоп, кыялын алда кайда ала качкан Абдылас Малдыбаевдин үнү, анын меланхолия менен ички толгонууга ширелген романстары, өзгөчө мелосу кимди да болсо толкундатпай койбойт. Бул үндү, бул керемет романстарды, обондорду кыргыздын нечен муундары угуп-билип чоңойду го.

Ал эми Абдылас Малдыбаев деген кыргыз маданиятынын тарыхындагы эң бир маанилүү ысым. Эң алгачкы кыргыз композитору. Туңгуч опералык ырчыбыз, туңгуч профессионал музыкантыбыз. Эң алгачкылардан болуп Москва консерваториясынан билим алып, эң биринчи болуп кыргыз операсын жазган улуу инсан, сөздүн терең маанисиндеги тарыхый адам.

Абдылас агабыздын колунан, анын кайталангыс талантынан 200гө чукул ыр, алты опералык чыгарма, анын ичинде музыкалык комедия, нечен хорлор жаралган. Ар бир кыргыз уккан, укпаса да атын билген айтылуу “Айчүрөк” операсы Абдылас Малдыбаевдин композиторлук талантынын жаркын туундусу.

Ушул эле катарда “Манас” операсы, “Ажал ордуна” музыкалык драмасы, “Токтогул” операсы, “Патриоттор” аттуу дагы бир чыгарма турат. Убагында бул музыкалык чыгармалар кыргыз эли үчүн зор маданий жаңылык болуп, биз да Европанын өнүгүп-өскөн улуттарындай профессионалдык музыканын деңгээлине жетебиз, алдыңкы катардагы калктардын катарына кошулабыз деген мекенчилдик сезимди козгогон. Аталган опералар биздин да колубуздан опера жазуу келет, биз да өз театрыбызда чыныгы музыканын өрнөктөрүн уга алабыз, улуттук маданиятыбызды алга жылдырабыз деген ишенимди жараткан.

Ырас, “Айчүрөк” да, “Манас” операсы да, ал гана эмес “Токтогул” менен “Ким кантти” деген музыкалык комедия да башка композиторлор менен, негизинен В.Власов жана В.Фере менен биргелешип жазылган. Анын негизги себеби - Абдылас агабыз каран калган жетимчиликтин, оор турмуштун айынан бала кезинен чыныгы музыкалык билим алууга шарты болгон эмес, нота менен контрапунктту кийин гана үйрөнгөн. Натыйжада жогоруда аталган москвалык композиторлор менен бир катар операларды чогуу жазууга мажбур болгон. А бирок ыр жагынан, обон чыгаруу жагынан Малдыбаевге жетүү эч бир мүмкүн эмес эле… “Кызыл жоолукчан”, “Дүрдана”, “Кимге айтам”, “Жылдызым”, “Акинай”, “Өмүр”, “Гүл турмуш”, “Кызыл атчандар”, “Студенттер маршы”… Санай берсек Абдылас Малдыбаев жараткан чыгармалар биринин артынан экинчиси эске келет.

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры

​ Абдылас агабыз эң биринчи чыгармасын 1922-жылы чыгарган экен. Ал убакта Совет бийлиги жаңы эле орноп, эл-журт кылымдар бою келаткан караңгылык торунан жаңы эле ойгонуп келаткан кез эмес беле. Ошол кезде жаш ырчы Абдылас айрыкча элдик ырларды көп ырдап, хорго катышып, өзү да обон чыгарып, ар кандай жолдор менен нота үйрөнүп, музыкалык сабатын жоюп, акыры эң алгачкы кыргыз композитору, эң алгачкы опера ырчысы, болгондо да “Евгений Онегин”, “Аршин-мал алан” сыяктуу операларда негизги партияларды аткарып, элге ария деген эмне экенин, опера эмне экенин, деле жаңы музыкалык цивилизациянын үлгүсүн көрсөткөн мадният ишмери катары чыга келген. Башкача айтканда, Абдылас Малдыбаев жаңы маданий доордун музыкадагы жарчысы, артынан нечен таланттарды ээрчиткен көсөмү, жаңыга жол чапкан лидери болгон.

Абдылас Малдыбаевдин кыргыз музыкасындагы эң маанилүү ролу тууралуу көп айтылып келатат, бирок айтыла турган сөздөр дале болсо алдыда экендигин тарых көрсөтүүдө. Биринчиден, азыркы кризис заманында, атап айтканда, профессионалдык музыка абдан эле артка чегинип, сахналар менен трибуналарды попса менен рок, мааниси тайкы эстрада, музыкалык жасаты чийки ыр сөрөйлөр биротоло ээлеп, классика экинчи катарга чегинип калган кезде улуттук классиканын маанисин айрыкча жакшы баалап отурабыз.

Ушул жагынан караганда ошол эле А. Малдыбаевдин, М. Абдраевдин, К. Молдобасановдун, Т. Эрматовдун, С. Медетовдун, А. Түлеевдин, А. Аманбаевдин музыкалык чыгармалары биз үчүн аябагандай зор мааниге ээ болуп отурат. Ал эми биз сөз кылып жаткан улуу композитор Абдылас Малдыбаев улуттук операбыздын кышын кынап, керегесин жайган, башта болуп көрбөгөн бир катар музыкалык жанрлардын түбүн түптөп кеткен, айрыкча романс жанрын баштап да, аны бийик европалык деңгээлге чыгарган да ушул инсан болгон эмеспи.

Жогоруда Абдылас агабыздын талантынын эң күчтүү жагы - ыр, ошол ырдын ичиндеги романс жанры экенин айтып өттүк. Чынында да Малдыбаевдин ошол 30-жылдарда, кийин согуш аяктагандан кийинки жазылган ырлары, романстары азыр да ушул жанрдын алдына киши салбаган жаркын өрнөктөрү боюнча калып келатат. Анын негизги себеби улуу композитордун таланты чынында да мөлтүр, элдик музыканын угутуна терең ширелген, кыргыз мелосунун профессионалдык ажатын ачкан талант болгон. Абдылас ага өзү да орус композитору Михаил Глинканын “музыканын угутун эл жаратат, а биз, композиторлор, болгону аны кайра иштеп чыгабыз” деген учкул сөзүн көп кайталачу.

… Ошондой болсо да Абдылас Малдыбаевдин эң улуу чыгармаларынын бири анын Токтогулдун сөзүнө жазылган “Өмүр” аттуу ыры го. Бул ыр бери болгондо жетимиш жылдан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келатат. Ал гана эмес, бул ырды балдар бакчасында да бөбөктөр да жаттап алганын жакында эле өз кулагым менен угуп, бир сыйра таң калган жерим бар. Демек, жакшы нерсе өлбөйт деген, жаман кетсе келбейт деген деп дагы бир кыргыз даанасы Райкан Шүкүрбеков айткандай, Абдылас агабыз калтырган музыкалык мурастар, опералар менен хорлор, ырлар менен ариялар азыр да кары менен жашка бирдей руханий гүлазык, азыр да эч бир эскирбей келаткан маданий байлык катары жашап келатат. Дагы нечен кылымдарга күлгүн жана жаш боюнча жашай бермекчи.

Нурбаев: Пайданы эмес, балдарды ойлосок

Эмне үчүн жер-жерлерде мектеп, бала бакчаларга караганда мечит көп курулат? Не себептен ишкерлер акчаларын келечекке инвестициялагысы келбейт?

Бул суроолор менен Ош шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Абдувахап Нурбаевди кепке тарттык.

"Азаттык": Абдувахап мырза, эмне үчүн ишкерлер акчасын келечекке, тагыраак айтканда бала бакча, мектеп курууга жумшабайт?

Нурбаев: Анткени, мындай социалдык объекттерди куруу өтө оор. Курула турган жерди сатып алуу үчүн бир катар бюрократиялык тоскоолдуктардан өтүү керек. Башка учурда, мисалы, ишкер курулушка короткон акчасын оңоюраак кайтарып ала ала турган имараттарга: кафе, дүкөн жана башка коммерциялык түйүндөр кеткен чыгымдарды актап берет деген үмүттө тобокелчиликке барат. Ал эми бала бакча, мектептерден андай пайда да жок, болсо да аз. Ошол үчүн ишкерлер ага кызыкпайт.

"Азаттык": Сиздер өткөн жылы Ош шаарында 120 орундуу бала бакчаны куруп, ишке киргиздиңиздер. Мамлекет тарабынан кандайдыр бир жеңилдик берилеби?

Нурбаев: Мисалы, биз жашаган Ош шаарында 33 мамлекеттик, 22 жеке менчик бала бакча бар экен. Бирок ошого карабай азыр кезекте 22 миң бала турат. Бул деген аймакта бала бакчалар жетишпейт дегенди түшүндүрөт. Биз 2010-жылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биздин партия “Беш жылда беш бала бакча” деген ураанды көтөрдүк эле. Былтыр бир нече ишкерлер биригип, 120 орундуу бала бакчаны ишке киргиздик, азыр ал жерде иш жүзүндө 150гө жакын бала тарбияланып жатат. Бирок ага жетишүү оңой болгон жок. Биз бакча курулуучу жерди социалдык объект эмес, коммерциялык объект катары эле сатып алып, эч кандай жеңилдиксиз куруп бүтүрдүк. Буга деле макул дейли, бирок түрдүү бут тосуулар болду. Биз аукционго катышып, 70 сотых жер алабыз десек, анын 20 сотыхы башка бирөөлөргө сатылып кеткен. Ушундай кыйынчылыктар болду.

Мындан тышкары бала бакча иштей баштагандан бери деле эч кандай жеңилдик жок. Салык жагынан болобу, коммуналдык кызмат акыларында болобу, коммерциялык мекемелер кандай акы төлөсө, жеке бала бакчалар да алар менен бир катарда төлөп келе жатышат. Мына, кышкы жылуулук учурунда бир эле айлык жылуулук чыгашасы 140-150 миң сомду чапчып атат. Биз да көпчүлүк болгонубуз үчүн чыдап, таштап салбай, жардам берип жатабыз.

"Азаттык": Бул бала бакчага барган ар бир бала үчүн айына канча акы алынат?

Нурбаев: Беш миң сомдон, бирок жеңилдик менен барган балдар да бар. Бул акы аз, мындан ишкер пайда көрбөйт. Анткени бала бакчалардын имараттары, алардын ойноочу, уктоочу, тамактануучу жайларынан сырткары, тарбиячылар, түрдүү педагогдор зарыл. Аларга айлык акы төлөнүшү керек дегендей, чыгымы көп. Ошондуктан, мамлекет бала бакча, мектеп курам деген ишкерлерге мүмкүн болушунча көмөктөшүп, жок дегенде салыктарды азайтып берсе туура болмок.

Колдо бар акчаны колдонгонду билесизби?

Кыргызстанда доллардын куну өсүүдө. 2014-жылдын башында доллар 48-49 сомдун тегерегинде болсо бүгүнкү күндө 60 сомдон ашты.

Буга Кыргызстанда товарлардын негизинен сырттан киргени жана алардын доллар менен сатылып алынганы, өлкөдөгү ири соода-сатык доллар менен жүргүзүлгөнү, орус акчасынын кунунун түшүшү себеп экенин адистер белгилеп келишет.

Мындай шартта сом менен киреше таап, айлык алган кыргызстандыктар кандай айла-амалга барышы керек?

Акчанын үйү - банк

Доллардын өргө чаап баратканын улай, албетте көпчүлүгү дал ушул валютаны карманып турганы ырас. Алардын бири - жаш ишкер Нургазы Мырзаев:

- Биз ишкер болгон үчүн акча колубузда турбайт. Акча дайыма иштейт. Эгер ашыкча акча болсо доллар алып койсо уттурбайт.

Орусиядагы экономикалык кризистин таасири Кыргызстанга да тийүүдө
Орусиядагы экономикалык кризистин таасири Кыргызстанга да тийүүдө

Бирок эл канчалык долларга ыктаган сайын, ага талап күчөп, натыйжада баасы көтөрүлө берери шексиз. Мындай шартта улуттук валютабыздын куну качып, өлкөнүн каржылык абалы кыйындайт. Ал эми акчаны сом менен кармаганга мамлекет тарабынан шарт түзүлбөгөнүн Германиядагы State Street Bank банкында иштеген кыргызстандык Кемелбек Чороев белгилөөдө:

- Кыргызстанда сом түрүндө депозиттерди сактоого мамлекет өбөлгө түзүп берип, депозиттердин пайызы инфляцияны жаап, жакшы киреше ала тургандай кылса, эл сомго көбүрөөк ыктамак. Улуттук банк күндө 10-20 миллиондон базарга салып отурбай, тышкы кийлигишүүсүз эле табигый жолго салынмак.

Каражатты сактай турган негизги жай – банк. Кыргызстандагы банктарда депозиттик пайыздар жогору болбогону менен акча үйдө турганга караганда көбөйүп турат эмеспи. Ушул тапта өлкөдөгү банктарда депозиттер мөөнөтүнө, түрүнө, валютага карай 0 пайыздан 15% чейин.

Баалуу кагаздардын баркы

Кемелбек мырза Германиядагы тажрыйбаны эске алып, кандай болгон күндө да акчаны банкка депозитке салууга, же пайда алып келе тургандай башкача жол менен сактоого чакырат:

- Бул жакта эмне үчүн ууру жок? Анткени адамдар үйүндө акча кармабайт. Баары банкта кармашат. Же баалуу кагаз алып коюшат. Ошон үчүн өлкөнүн экономикасы да өнүгүп жатат. Анткени акча экономикада жүгүрүп турган кан. Ал жетишсиз болсо экономика да алга жылбайт. Ошондой эле алтын менен сактаса болот. Ал баалуу кагаздарга караганда стабилдүү. Бирок үйдө кармаса, пайда алып келбейт.

Адистер каражатты алтын менен сактаган туура болоорун айтышат
Адистер каражатты алтын менен сактаган туура болоорун айтышат

Эгер банк банкротко учурап, же башка бир форс-мажордук абалга туш келип калса, мамлекет банкка салынган акчанын 100 миң сомун төлөп берүүгө кепилдик берет. Ал эми акчаңыз 100 миңден көбүрөөк болуп банкка ишенбей жатсаңыз мамлекет төлөнүшүнө кепил болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алсаңыз болот. Аны Кыргызстандагы 16 банктан алууга болот дейт Каржы министрлигинин өкүлү Бакыт Сыдыков:

- Мамлекеттик казыналык вексель жана мамлекеттик казыналык облигация. Казыналык векселдин төлөө мөөнөтү 3-12 ай. Учурдагы пайыздык кирешеси жылдык эсеп менен алганда 11%. Ошондо 100 миң сомго баалуу кагаз сатып алса, бир жылдан кийин 11 миң сом пайда табат.

Ал эми казыналык облигациялардын төлөм мөөнөтү эки, үч жана беш жыл. Купондук ставка менен алганда пайыздык чен эки жылдык төлөм мөөнөтүнүкү 12%, үч, беш жылдык баалуу кагаздар 14%.

Үнөмдөгөндү үйрөнөлү

Ал эми мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров быйылкы жыл экономикалык жактан оор болорун эскертип, элди каражатты катуу үнөмдөөгө чакырат.

- Болгон чыгашалардын баарын азайтканга аракет кылыш керек. Чыгашалардын баарына көңүл буруш керек. Мисалы, беш телефон болсо, эки телефонду калтырып, калганына СМС жазганды үйрөтүш керек. Төрттөн бала окуткан үй-бүлөлөр бар. Алардын эң жакшы окуганына тийбей, калган үчөө ата-энесине жардам бергенче кирешени көбөйтө башташы керек. Кагаз баарын көтөрөт, атасы-апасы же баласы болобу, быйыл канча киреше алам, анын канчасы чыгаша болот деп кагазга жазып эсептегени туура. Чыгашасы кирешеден аз болсо эле үй-бүлө бутуна туруп кетет. Албетте, ириде той-топур чыгымын да азайтуу зарыл.

Албетте, капчыгындагы каражатты кандай колдонууну кожоюн өз билет деңизчи. Биз жөн гана муздаткыч, автоунаа, же үй алмакка топтогон каражатты инфляция жок кылып кетпеши, же үйдө жата берип капыстан бир күн жоголуп кетпеши, же башка бир себептерден улам максатына жетпей калбашы үчүн жогорудагы адистердин кеңешин бердик.

Сөз эркиндиги менен ээн ооздуктун аралыгы

Конституциялык палатада “кылмыш жасалгандыгы туурасында атайылап жалган билдирүү таратуу” беренесинин Баш мыйзамга шайкештиги боюнча укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын арызы каралды.

Укук коргоочу Кылмыш-жаза кодексинин бул беренеси сөз эркиндигине карама-каршы келип, саясий топтордун кызыкчылыгын көздөп, маалымат каражаттарын ооздуктоого шарт түзөт деген жүйөнү келтирди. Мыйзамдын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова бул берене атайылап жалган билдирүү таратууга карата жоопкерчиликти гана күчөтөт деген ойдо.

Конституциялык палата жети сааттан ашуун кеңешмеден соң аталган берене Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Ошондой эле анын колдонулушу боюнча буга чейин түшүнүксүз болуп келген жагдайларды чечмелеп берди.

Баш мыйзамга шайкештикти издөө

Кылмыш жасалгандыгы тууралуу эл алдында атайылап жалган билдирүү таратууга каршы жаза чарасы Кылмыш-жаза кодексине былтыр киргизилген. Бул боюнча толуктоону парламент былтыр 16-апрелде кабыл алып, президент 17-майда кол койгон. Айрым коомчулук өкүлдөрү муну сөз эркиндигин чектөө жана бул тармакта төрт жыл илгери жоюлган кылмыш жоопкерчилигин кайрадан калыбына келтирүү катары кабыл алган.

Былтыр июнь айында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул берененин Баш мыйзамга шайкештигин аныктап берүү үчүн Конституциялык палатага кайрылган болчу. Жети айдан соң гана соттук кароого коюлган бул маселени арыз ээси Токтайым Үмөталиева өлкөдөгү сөз эркиндиги үчүн чоң коркунуч катары мүнөздөдү:

Токтайым Үмөталиева
Токтайым Үмөталиева

- Бул берене Баш мыйзамдын жети беренесине каршы келет. Коррупцияга каршы туруу боюнча мыйзамдын үч беренесине туура келбейт. Бул мыйзамда жарандар ар кандай көмүскө фактылар боюнча коомчулукка билдирүүгө укугу бар деп жазылган. Эми мына ошол коррупционерлер туурасында маалымат чыга турган болсо, аны жалган билдирүү таратуу беренесинин негизинде сотко берүүгө жол ачылып калды. Мындай мүмкүнчүлүктөн саясатчылар эми эле пайдалана башташты. Бул берененин колдонулушу сөз эркиндиги үчүн өтө коркунучтуу.

Жоопкерчиликтин жоон ортосу табылбай...

Бирок мындай дооматка мыйзамды демилгелеген тарап макул эмес. Жогорку Кеңештин өкүлү бул берене сөз эркиндигин ооздуктоо эмес, жалган айыптоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү чарасын көздөйт деп жүйө келтирди. Мыйзамга толуктоонун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова болсо бул берене сөз эркиндигин ээн ооздуктан айырмалоого өбөлгө түзөт дейт:

- Мен бул жерде “ар бир адам өзүнүн айткан сөзүнө жана жасаган ишине жооп берүүгө тийиш” деген президенттин сөзүнө шилтеме бергим келет. Кимдир бирөөнү далили жок кандайдыр бир оор кылмышка айыптоого жана жазасыз калууга жол берилбеш керек. Бул берене сөз эркиндигин басмырлоого жана маалымат каражаттарына каршы багытталган деген ойго эч качан кошулбаш керек. Бизде “Журналисттин кесиптик ишмердиги жөнүндө" мыйзам бар. Мына ошонун 7-беренесине ылайык, журналист акыйкаттыкты жетекчиликке алып, такталган жана туура маалыматты гана таратууга милдеттүү.

Журналисттерге тузакпы?

Бирөөнү эл алдында атайылап жалган айыптоо үчүн жоопкерчилик миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөгү минималдык айлык акынын өлчөмүндө акчалай жазана салууну же бир жылга чейинки эркинен ажыратууну карайт.

Өтө оор кылмышка атайылап айыптаган жалган билдирүү үчүн жаза чарасы эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөгү минималдуу айлык акынын өлчөмүндө жазана салуу же үч жылга чейинки эркинен ажыратууну көздөйт. Мындай кылмыш уюшма топтун кызыкчылыгы үчүн жасалса айыпкер беш жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев мындай жаза чарасын аша чапкандык катары кабыл алды:

Марат Токоев
Марат Токоев

- Моюнга алуу керек. Айрым учурда кээ бир гезиттер көбүртүп-жабыртып жиберген учурлар бар. Бирок мына ошондой жалган билдирүү болгондо дагы бийлик аны төгүнгө чыгара турган маалымат менен гана күрөшсө болмок. Анан эми ага карата Кылмыш-жаза кодексин колдонуу өтө эле аша чаап кеткендик го. Мындай мыйзамдык курал менен эми журналисттердин сөз эркиндигине болгон укугун чектөө үчүн колдонууга укуктук жактан негиз түзүлүп отурат. Бул деген 2010-жылга чейинки жалган маалымат үчүн кылмыш жоопкерчилигин кайра эле калыбына келтирүү. Болгону аты гана башкача аталышта.

2010-жылы Жогорку Кеңеш адамдын беделине шек келтирүү жана ушак таратууга байланышкан аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салган болчу. Бул өлкөнүн сөз эркиндигин өнүктүрүүгө карата жасаган бараандуу кадамы катары бааланган эле. Бул жолу Конституциялык палата жети сааттан ашуун өз ара кеңешүүдөн соң кодекстин ал беренеси Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Ошол эле кезде Конституциялык палатада арызы канааттандыруусуз калган укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул маселени эл аралык сотко даттанарын жарыялады. Анткени Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдында сөз эркиндигин ооздуктаган мыйзамдарды кабыл албоо боюнча милдеттемеси бар.

"Күйөөм Сирияга кетип, үй-бүлөбүз бузулду"

Сирияга азгыруу башка аймактарга дагы кулач жайууда.

Негизинен Сирияга тартылгандар өлкөнүн түштүк аймактарында басымдуу болуп келгени белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда азыр башка аймактарда да кулач жайганы айтылууда.

Алар радикализмге негизинен диний сабатсыздыктан жана турмуштун айынан азгырылганы айтылып келет. Айрым адистер бул көйгөйдө тиешелүү органдардын ишинин натыйжалуу болбой жаткандыгын белгилешет.

Талкаланган үй-бүлөнүн таржымалы

"Азаттыкка" баш баккан Гүлмира (аты өзгөртүлдү - ред.) Чүйдөн болот. Анын жолдошу өткөн жылдын май айында Казакстанга иштегени кетип, андан ары Сирияга өтүп кеткен экен.

- Иштейм деп кеткен күйөөм бир күнү Түркияда экенин айтып чалды. "Бул жакта жашоо жакшы экен. Сирияга да кирип-чыгып жатабыз, чек ара ачык эле. Мен сага смс аркылуу скайптын дарегин жиберем, мени менен байланышып жатканыңды эч кимге айтпа" деди. Макул болуп Скайпка кирдим, ал берген дарек боюнча байланыштык. Ошондо Сирияга “жихадга” кеткенин айтты.

Гүлмиранын айтымында, күйөөсү ага Сирияда согушкерлердин дарыгери болгонго даярдалып жатканын айткан. Ал күйөөсүнүн кантип азгырылганын, кала берсе Сирияга кеткенин да билген эмес.

- Машине оңдоочу жайга жумушка кирген. Көрсө ошол жактан азгырылган экен. Ал жактагылар туугандарыбыз эле болот, бирок алар да ошондой шектүү диний агымдын мүчөлөрү окшойт. Иштей баштаган күндөн тарта өзгөрүлө баштады. Мурда деле намаз окучу, бирок мындай эмес болчу. Мени хижаб кий, намаз оку деп, жемелей баштады. Ошентип жүрүп эле Казакстанга иштегени кетти. Ошол бойдон дайыны чыккан жок. Ал кетип жактанда сегиз айлык боюмда бар эле, мен төрөп калдым. Төрөгөндөн кийин байланышка чыгып, сүйлөшө баштадык. Ал "балдарды алып, бул жакка кел. Иши кылып кандай жол менен келсең өзүң бил, бирок келишиң керек" деп жүрдү.

Ошентип Гүлмираны жолдошу Сирияга тез-тез чакыра баштайт. Бирок Гүлмира күйөөсү Сирияга эмне максатта кеткенин түшүнгөн соң ал жакка баруудан баш тартат. Көп өтпөй күйөөсү Сирияга барган кыргызстандык аял менен ошол жаткан үйлөнүп алганын кайын-журтунан угат.

- Кийин ачык эле сүйлөшө баштадык. "Бул жакка келбесең мага кыйнап эле аял алып беришет" деди. "Сен Сирияга өлгөнү кеттим дейсиң, бизди алып барып эмне кыласың" дедим. Ал жалаң дин жөнүндө сүйлөп кирет, акыркы күндөрү жакшы баарлаша да албай калдык. Мен карындашына барып, аны "Сирияга кеткени жатам" деп алдадым. Ал шашып кетип, байкеси үйлөнүп алганын айтып алды. Телефондон жиберилген сүрөтүн көрсөттү. Ал аял Ысык-Көлдөн болот экен. Андан кийин кайын-журтум "балабыз башка аял алды" деп мени кууй башташты, - деген Гүлмира эки баласы менен көчөдө калганын айтып кейиди.

Азгыруунун амалдары алмашып турат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сирияга азгыргандардын жолун тосуу аракеттери байма-бай жүрүп жатканын билдирип келет. Жакында эле аталган түзүм Сирияга азгырган туруктуу каналдын бирин аныктаганын билдирген. Күч кызматтары өлкөдө дагы мына ушундай төрт канал бар деп божомолдошот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү Ош жергесинен болгонун, бирок учурда башка аймактарда деле активдешүү бар экенин белгилейт. Андыктан УКМК бардык аймакка көз салууда.

- Жалгыз эле Оштон же Баткенден кетип жаткан жок. Башка аймакта деле бар, бирок Ошто көп болуп жатат. Биз бардык аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Тиешелүү органдар менен бирге 600дөн ашык иш-чара өттү. Ошол иштердин натыйжасында далай тургундарды алып калдык.

Деген менен, диний коопсуздук боюнча эксперт Эсен Усубалиевдин пикиринде, бул көйгөйдө күч органдарынын чамасы чак. Учурда Сирияга азгыргандар Кыргызстанда бир нече туруктуу каналдарды ачып калууга жетишүүдө. Кыргызстандан Сирияга кеткендердин агымы токтой элек.

- Албетте биздин органдардын ишине жакшы деп баа берем. Алдын алуу иштерин жүргүзүп, Сирияга барып келгендер менен иштешүүдө. Бирок дагы деле алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп жатат. Мисалы, диний ар кандай агымдарга азгыргандар ар кандай жолдорду таап, ыкмаларын өзгөртүп жатышат. Бул жаатта күч органдары алсыз, аларды дайыма аңдып, изилдеп турган жаңы технологиялар жок. Бул баягы эле каражат маселесине барып такалат. Мамлекет алдыда ушул тармакка көңүл бурса болмок.

2014-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети терроризмге байланышкан 137 кылмыш ишин козгоп, анын 76сы тергелип, сотко жиберилген. Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү 16-22 жаштагылар.

Сирияга аттанган кыргызстандыктар тууралуу алгачкы маалыматтардын пайда болгонуна эки жыл болду. Бул арада 200дөн ашык кыргыз жараны согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирияда экени расмий аныкталган.

"Росинбанктагы" акчасын уурдаткан карылар

“Росинбанктын” Кочкор-Ата шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кардарлары алдаткан аманат акчасын кайтара албай, былтыр күздөн бери убара тартып келатышат.

Пенсионерлердин акчасын уурдап кетти деп шектелген банктын мурдагы кызматкерине Жалал-Абад облустук милициясы өткөн жылы эл аралык издөө жарыялаган. Шектүү адамдын табылбай жатканына байланыштуу кылмыш ишин тергөө убактылуу токтоп турат.

Ажыга барам деген акчасы жоголуп...

Ноокен районунун Момбеков айылынын 88 жаштагы тургуну Мыктар Айдаровдун эки жыл бою аманатка коюп, ажылыкка баруу үчүн чогулткан акчасы 100 миң сомго жеткенде жоголуп отурат.

- Акчамды алайын деп банкка барсам бухгалтер "ал каражатты алгансыз" деп койду. Документтеримди көрсөтсөм, баары мени менен урушуп, акчамды бербей коюшту. Келишим түзгөн бала азыр Орусияга кетип калыптыр. Кечээ күнү облустан тергөөчүлөр келишип, ал баланы издеп жатканын айтышты. Мен акчаны ал баланын колуна эмес, банкка бергем. Эмнеге мени ушинтип жүгүртүп жатышат? Ошентип 100 миң сомум кайда кеткенин билбейм. Аны ажыга барам деп эки жыл бою чогултуп, банкка сактап койгом.

Мындай жагдайга Кочкор-Ата шаарынан 78 жаштагы жалгыз бой Лилия Павлова да туш болду. Ал 2012-жылы 200 миң сомун банкка аманатка коюп, эки жыл бою анын үстөк пайызын гана алып турган. 2014-жылдын октябрь айында банктагы акчасы белгисиз себептер менен жоголуп кеткен:

- Эки жыл бою 200 миң сомдун үстөк пайызын алып турдум. Былтыр октябрда барсам, “сиздин акчаңыз жок” деп жооп берип коюшту. Айлам кетип, Жогорку Кеңештин депутаты Гүласал Садырбаевага жана президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жазгам. Алар болсо мага 2014-жылдын декабрында облустук прокуратурага кароого бердик деп жооп беришти. Азыр эмне болуп жатканын билбейм. Менин акчамды берип эле койсо макул болчумун. Мен жалгыз жашайм, эртең кокус ооруп, тура албай калсам, же бир жамандык болуп кетсе, ошол акчамды иштетем деп сактап койгон элем.

Пенсия курагындагы жарандардын акчасынын минтип дайынсыз жоголушуна “Росинбанктын” Кочкор-Ата шаарындагы филиалынын мурдагы бөлүм башчысы Акмат Мырзакматов айыпталып жатат. Ага каршы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы өткөн жылдын сентябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине (ыйгарылган мүлктү ээлеп алуу) ылайык кылмыш ишин козгогон. Буга банктан акчасын жоготкон төрт жарандын арызы негиз болгон.

Бирок банктын кылмышка шектүү кызматкери качып кеткендигине байланыштуу ошондон бери тергелген иш сотко өтпөй, убактылуу токтоп турат. Милиция эл аралык издөө жарыялаганы менен, андан майнап чыга элек. Кылмыш иши боюнча облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Замир Камбаров:

- Азыркы учурда Орусияда жүрөт деген маалыматтар бар, биз эл аралык издөө жарыялаганбыз. Бул жерде ал банктын атынан өз ара келишим түзүп, документтерди жасап, акчаларды өз кызыкчылыгына өздөштүрүп алган. Бул жерде банктын жетекчилиги да билген эмес. Ошол себептүү бардык иштер азыр Мырзакматов менен байланыштуу болуп токтоп турат. Өзү келсе, көрсөтмө берсе дагы бир жаңы жагдайлардын бети ачылат болушу керек.

Акмат Мырзакматов 2010-жылдан 2014-жылдын жай айларына чейин “Росинбанктын” Кочкор-Ата шаарындагы филиалында бөлүм башчы болуп иштеген.

Алакан жайган банк

"Росинбанктын" Жалал-Абад облустук филиалынын директору Женишбек Эргешовдун айтымына караганда, Мырзакматов иштеп жүргөндө банктын атынан документ даярдап, кардарлар менен жасалма келишим түзүп жүргөн. Ошентсе да “Росинбанк” сот чыгарган чечимди аткарууга милдетүү болот деп ишендирди:

- Акчабызды жоготтук деген жарандар менен биздин банк эч кандай келишим түзгөн эмес жана банктын базалык документтеринде катталган эмес. Ал кызматкер өз убагында кандай жумуш аткарып жүргөнүн биз билген эмеспиз. Ар бир кардардын укугун коргоого милдеттүүбүз. Бирок чыныгы гана келишим түзүлгөн учурда. Мырзакматов аларды кандай жол менен алдап жатканын биз айта албайбыз. Ал эми Мыктар Айдаров болсо 2013-жылдын 11-сентябрында 100 миң сомун келишим мөөнөтү бүткөндүктөн кайра алып чыгып кетиптир. Сот кандай чечим чыгарса, биз аны аткарабыз.

Анткен менен акчасын алдаткандар банкка да, издеген адамдардын табыларына да, иш сотко ашарына да ишенишпей турушат. Алардын бири - Мыктар Айдаровдун уулу Абдыбахап пенсионерлердин аманат акчасы үчүн жоопкерчиликти банк алгысы келбей жатканын айтат:

- Азыр тергөөчүлөр ары-бери эле сүйрөп жатышат. Ал эми банк кызматкери качып кетиптир. Бул жерде бири-бирине эле күнөөнү артып жатат. Анда эмнеге элдин акчасын коргойбуз деп алышат? Алып анан аны бирөөгө алдырып жиберип, эмнеге эми жоопкерчиликтен качып жатышат? Ал сырттан келген адам эмес, өздөрүнүн кызматкерлери да. Бул жерде банк төлөп бериши керек.

Мыктар Айдаров үчүн коюлган кол тамга жасалма экендигин экспертиза аныктаган. Ошентсе да акчасын жоготкону үчүн атасы оорукчан болуп калганын Абдувахаб Айдаров кошумчалады.

Облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 2014-жылы банктын жана майда кредиттик компаниялардын кызматкерлерине карата акча уурдоо фактысы боюнча 10 кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда Аксыдагы “Аманбанктын” мурдагы жетекчисинин үстүнөн элден 15 млн. сом алдап алгандыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Росинбанктагы" акчасын уурдаткандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

Министр: доллардын өсүшүндө пайда да бар

Каржы министри Ольга Лаврова доллардын курсунун өсүшүнүн мамлекет үчүн оң жагы да бар деп эсептейт.

Импорттон толук көз каранды болгон мамлекетте чет өлкөлүк валютанын кымбатташы баалардын, инфляциянын өсүшүнө алып келет деп чочулап жаткан шартта министрдин көңүлүн жайгарган кандай жагдай болду экен?

Кыргызстандын бюджети жыл сайын миллиарддаган сом тартыштык менен кабыл алынат. Аны кайсы бир бөлүгү сырттан алынган грант жана насыя түрүндөгү жардамдар менен жабылат.

Ольга Лаврованын айтымында, сомдун күчүнүн кетүүсүнөн көп чочулоонун кажети жок. Анткени грант жана жардамдар доллар түрүндө келгендиктен, демек аларды сомго айлантканда көлөмү көп болот.

Министр Лаврованын бул көз карашы жана позициясы анын өтө кууш кызыкчылыкты көздөгөнүн көрсөтөт. Анткени экспорту импорттон дээрлик төрт эсе аз, импорттон абдан көз каранды болгон Кыргызстандай өлкөдө валютанын кымбатташы товарлардын кымбатташына, демек инфляциянын өсүшүнө алып келет. Мындай жараяндар жалпы жарандардын кирешесин азайтат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылдын он айында Кыргызстандын экспорту 1 млрд. 264 млн. долларды түзсө, импорту 4 млрд. 544 млн. долларга жеткен. Демек тескери сальдо дээрлик төрт эсеге жакын.

Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев экспорту күчтүү өлкө үчүн улуттук валютанын күчүнүн кетүүсү кайсы бир деңгээлде пайдалуу дейт. Бирок Кыргызстандыкындай шартта ал жалпы калктын жакырлануусун күчөтөт дейт:

- Биринчиден, бизде бюджеттик кызматкерлер, бюджеттен көз карандылар көп. Алардын баарынын айлыгы сом менен берилет. Сом канчалык арзандаса, алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү ошончо кыскарат. Демек алар ушул айларда жакырчылыкка жакындап, артка кетишет.

Эмил Үмөталиев элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн кыскарышы менен кызмат көрсөтүү, өндүрүш тармагы да жабыркашын эскертет. Анткени алардын товарлары сатылбай, кызмат көрсөтүү кыскарат. Натыйжада баары жабыркайт.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаев министр Ольга Лаврованын сөзү туура эмес деп, сомдун күчүнүн кетүүсү менен келип жаткан зыяндарды эсепке алды:

- Сомдун түшүп кеткенинин таасири жаман. Эгерде биз бюджетти 53 сомдон кабыл алсак, бүгүн бир доллар 60 сом болуп жаткандан кийин мунун баары бизге абдан чоң проблемаларды жаратат. Курс менен эсептегенде тартыштык көбөйүп баратат. Экинчиден, сом түшүп кеткендиктен айлыктарыбыздын күчү кетүүдө. Товарлар кымбаттап, сомдун баркы кетүүдө. Үчүнчүдөн, импорт бизде көп болгондуктан доллар сырт жакка агып чыгып кетүүдө. Ошондуктан бизге тескери таасири абдан эле чоң.

Каржы министри сомдун курсунун төмөндөөсүнөн оң нерселерди көрүп жаткан менен Улуттук банк сомдун курсун сактап калуу үчүн тынымсыз интервенцияларды жасоодо. Январь айынын ичинде эле Улуттук банк 50 млн. долларга жакын интервенция жасады. 13-январда жасалган 37 млн. доллар интервенция 61 сомдон ашып бараткан долларды биз аз ооздуктап, 14-январда бир доллар акча алмаштыруу жайларында 60 сом 50 тыйынга сатылып калды.

Бирок дүйнөлүк базарда мунайга баанын арзандашы менен кошо куну качып бараткан орус рубли кыргыз сомун да сазга тарта беришин эксперттер эскертишүүдө.

Кош жарандык: өгөйлөнгөн мигранттар

Бишкек менен Москванын ортосунда кош жарандуулук жөнүндө келишим жок. Бирок эки паспорттуу эмгек мигранттары көп.

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар өз жеринде кыймылсыз мүлк сатып алуу укугуна ээ болушу керек деген демилге көтөрүлдү.

13-январда мындай демилгени көтөргөн бейөкмөт уюмдар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, парламентке кайрылышты. Алардын жүйөсүндө, колунда Орусиянын да, Кыргызстандын паспорту бар адамдар эки өлкөдө тең укуктары корголбой, өгөйлөнүп жатат.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын катаалданышы кош жарандыгы, башкача айтканда колунда эки паспорту барларга кедергисин тийгизип жатат. Себеби азыркы жаңы мыйзамдарга ылайык, экинчи жарандыгын ачыкка чыгарып, мамлекеттин атайын тизмесине кирбегендер Орусияда кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Деген менен Орусиянын паспортун алган кыргызстандыктар ал жактын деле толук кандуу жараны боло албай жүрүшөт. Ошол эле кезде өз мекенинде да өгөйлөнүшөт. Себеби Бишкек менен Москванын ортосунда кош жарандуулук жөнүндө атайын келишим жок. Орусияда эмгек мигранттарынын Аймактар аралык коомдук бирикмесинин жетекчиси Алишер Маданбеков буларга токтолду:

- Кыргызстандын айрым облустарында айыл өкмөттөр Орусияга эмгектенип кеткендердин жер үлүшүн алабыз деген учурлар бар экен. Алгач ошол айыл өкмөт ал жаран Орусиянын жараны болгонун такташы керек. Аны тактабай туруп мындай кылгандары туура эмес. Ушундай көйгөйлүү фактыларды эске алганда мыйзамдарды өзгөртүү керек деп айтат элем. Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар деле ал жакта жыргаган жок. Алардын жөн гана паспорту бар, андан башка укугу жок, социалдык жактан корголбойт. Мындай мигранттар же тигил жактын жараны эмес, же бул жактын жараны эмес орто жолдо кыйналып турушат. Бул адамдардын тагдыры эмне болот?

Орусиядагы кыргыздар
Орусиядагы кыргыздар

Кыргызстан кош жарандыкка уруксат берет, бирок ал эки мамлекет ортосундагы атайын келишимдин негизинде ишке ашырылышы керек. Расмий маалыматка ылайык, ушул кезде 500 миңден ашык кыргызстандык орус жарандыгын алган. Бирок анын ичинен 29 миңи гана кыргыз атуулдугунан расмий баш тарткан. Демек калгандарынын дагы деле колдорунда кыргыз паспорттору бар.

Орусиянын Челябинск шаарындагы “Ата Мекен” кайрымдуулук фондунун башчысы Камбар Пусуров Орусиянын да, Кыргызстандын да паспортун алып жүргөн мигранттар арбын экенин айтууда. Ал мындай мигранттарга Кыргызстанда өз атына кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берилиши керек деп эсептейт. Пусуровдун оюнча, кыргызстандыктар өз учурунда Орусиянын жарандыгын жумуш табууга оңой болушу үчүн гана алышкан.

- Эмгектенүүгө уруксат кагазын алууга ал жакта кыйын болгон. Ал кезде Орусиянын жарандыгын алыш жеңил болгондуктан көбү түз эле жарандык алышкан. Алар кыргыз жарандыгын биротоло алмаштырып кетейин дешкен эмес да. Андыктан бийлик ушул маселени ойлонуп, чечим кабыл алып берсе деп тилек кылабыз. Ал жактагы орус паспорту бар эмгек мигранттары биздин эле жарандар.

Бакыт Калмаматов
Бакыт Калмаматов

Учурда Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кыргызстандын мурдагы жарандарына саясий эмес жумушка иштөөгө, кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Алардын бири - “Ата-Мекен” партиясынан депутат Бактыбек Калмаматов мындай деди:

- Орус жарандыгын алгандардын арасында мураскорлор дагы көп. Эми алар ата-энесинен калган мал-мүлктү өзүнө менчиктештирип алалбай жатышат. Ата-энеси кайтыш болуп кетсе, такыр эле өзүнүн оокатына ээ боло албай калышат. Негизи ушундай маселелер көп. Ошондон улам мыйзам долбоору сунуштап жатам.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы кош жарандыгы барлар мамлекеттик кызматтарга иштешин уруксат берген жобого каршы болгон эл өкүлдөрү арбын. Бирок алардын көпчүлүгү кош паспорттуу кыргызстандыктар бул жакта мүлк сатып алуусуна мыйзамдык жактан мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү колдошот.

№4 төрөт үйүндө кайрадан жаңжал чыкты

Бишкектеги №4 төрөтканада "жаңы төрөлгөн уулумду кызга алмаштырып коюшту" деп наристенин атасы айтып чыкты. Дарыгерлер ымыркайлар алмашылды деген маалыматты төгүндөп, аларга коюлган айып далилденбей калса, сотко кайрыларын ырастоодо.

Кутмандын келинчеги 10-январь күнү №4 төрөт үйүндө көз жарган. Жубайы кош бойлуу кезинде УЗИ аппараты эркек ымыркай төрөлөрүн көрсөткөн. Кутмандын ырасташынча, дарыгерлер ата-энеге кыз төрөлгөнүн айтып, омурткасында кемтиги бар наристени карматышкан. Мындан улам Кутман Мамадалиев дарыгерлер ымыркайларды алмаштырды деп шекшип калган:

- Баламды алмаштырып коюшту, бул факт. Эгер алмаштырышпаса арыз жазбайт элем. Кайсы ымыркай менин балам экенин билбейм, кимге алмаштырышканын айтпай жатышат. Эркек төрөлөт деп врачтар өздөрү да айткан. Бирок башка ымыркайга алмаштырып коюшту. Жубайым төрөп жатканда сегиз дарыгер кирип алып, бири-бири менен көз кысышып, ымыркайды энесине көрсөтпөй алып чыгып кетишкен. Мен кийин кирсем наристе таразанын үстүндө жатыптыр .Эми азыр дарыгерлер келинчегимди "анализ тапшыр, биз чет өлкөдөн текшертебиз, эгер анализ тапшырбасаң сотко беребиз" деп коркутушуптур. Ал тапшырбайт. Алардын эч кандай укугу жок.

Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы акушери Раиса Асылбашева №4 төрөтканада ымыркайлар алмашылды деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, жаш эне эркек эмес, кыз төрөгөн:

- Бишкектин акушер-врачтын УЗИ аппараты ымыркайдын жынысын жаңылыш көрсөткөн. Төрөткана дарыгерлери ымыркайдын алмашылбаганын ДНК анализ аркылуу тастыктоого даяр. Анткени бул өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн болуп жатат. Ата-эне дарыгерлер майып баланы атайын карматып жаткандай түшүнүдү, бирок андай эмес.

Чүй облустук оорукананын УЗИ-адиси Чолпон Сатыбекова бул аппарат жаңылыш көрсөтүшү мүмкүн деген пикирге кошулат:

- УЗИ аппараты ымыркайдын жынысын дайыма туура көрсөтөт деп толук кепилдик бере албайсың. Аял көз жараарга аз калганда бала туура эмес жатып калса, айрым дарыгерлер анын киндигин көрүп эле эркек деп коюшу ыктымал. Тажрыйбада аппарат жаңылыш көрсөткөн учурлар болуп эле келет.

Сөз болуп жаткан төрөтканада буга дейре ушуга окшогон чырлар, ымыркайлар жоголуп кеткен учурлар катталып келген.

Ал эми ымыркайдын атасы Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз менен кайрылып, министрлик учурда ички текшерүү жүргүзүүдө. Наристенин атасы Кутман Мамадалиев өз алдынча Орусиядан дарыгер чакыртып, ДНК анализ аркылуу ымыркайды аныктоого даярданууда.

Ош: милиция эскерткен коркунучтар кайсылар?

Ош шаары, 15-январь, 2014-жыл

Ош милициясы аймакта коомдук тартипти бузгусу келген саясий күчтөр жана диний экстремисттик топтор баш көтөрүп жатканын, жарандар алардан оолак болуусу керектигин эскертти.

Ал топтор интернет сайттарда ар кандай чакырыктарды жасап, көчөлөрдө барактарды таратып жатканын да күч органдары кабарлашат. Ушуга улай милиция алардын аракеттерин алдын алуу иштерин күчөткөнүн билдирди. Байкоочулар болсо бул билдирүүнү тартип коргоо органдарынын жазгы саясий толкундоолорго жана нааразылыктарга карата даярдыгы катары мүнөздөөдө.

Тынчы кеткен милиция

Аймактагы соңку кырдаалды талкуулаган милициянын жыйынында Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков абалды дестабилдештирүүгө аракет кылган топторду болжолдуу санады. “Алар негизинен айрым бийликке нааразы болгон саясий күчтөр жана терррордук-экстремисттик топтор”, - дейт ал.

Сүйүн Өмүрзаков
Сүйүн Өмүрзаков

- Кырдаалды туруксуздаштыргысы келген “Хизб-ут Тахрир”, салафизм жана вахабизм сыяктуу бир нече радикалдык уюмдар бар. Митинг өткөрөбүз деген ар кандай жалданма саясатчыларды көрүп жатабыз. Ошон үчүн биз провокацияга алдырбай, өлкөдө башаламандыкка жол бербешибиз керек. Коомдук тартиптин бузулушу башаламандыкты жаратат. Ар кандай көйгөйдү, жарандардын, топтордун жана партиялардын каршылашуусун мыйзам чегинде чечүүгө болот. Биз Кыргызстанды митинг-пикеттердин өлкөсүнө айлантууга жол бербешибиз керек.

Күч органдары диний деструктивдүү жааттардын аракеттери күчөп жатканын өзгөчө белгилеп, жашоочуларды аларга кирип кетүүдөн оолак болууга чакырууда. Мындай билдирүүлөр Сирияга агылгандардын айланасындагы бир топ жагдайларга байланышы бар дешет күч органдары. Милиция коомдук тартипти бузган күчтөргө карата катаал чаралар колдонуларын да эскертүүдө.

Ош шаардык жана Ош облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев буларга токтолду:

- Акыркы мезгилде Сирияга кетип жаткандар боюнча бир топ адамдар кармалды. Алар жөн эле кетип калбай, интернет аркылуу Кыргызстандын, анын ичинде, өзгөчө Оштун тургундарын диний экстремизмге үндөп, башка мамлекеттерге чыгып, согуштук аракеттерге катышууга чакырган жарандар кармалды. Ошол эле кезде социалдык тармактарда саясий акцияларга чакыргандар көп болуп жатат. Ушул нерселерден улам, коомдук-коопсуздук чараларын көрүү боюнча жаңы иш-мерчемдер бекитилип, тапшырмалар берилди.

Ош шаары. 31-декабрь, 2014-жыл
Ош шаары. 31-декабрь, 2014-жыл

Буга улай күч органдары Ошто үч күндүк машыгуу өткөрүп, массалык башаламандыктардын алдын алуу, террордук жана экстремисттик аракеттерге жол бербөө үчүн күжүрмөн даярдыктан өтүшөт. Бул машыгууларды ар бир эки айда бирден өткөрүп туруу пландалууда.

Эксперт: чочулоого негиз бар

Серепчилер да күч органдарынын кабатырлануусуна негиз бар экенин жана Ош аймагында коркунучтардын алдын алуу аракеттерин милиция күчөтүп жатканын колдоого алышууда. Диний маселелер боюнча адис жана конфликтолог Расул Абазбек уулу жагдайдын бир нече факторлорун ортого салды:

- Сирияга 200дөй жаран кеткен деген маалымат бар. Анан ал жакка Кыргызстандан кеткендер, башка ушул Борбор Азия өлкөлөрүнөн кеткен жарандар өз өлкөлөрүбүзгө барып согуш жарыялайбыз деген билдирүүлөрү интернетте чынында көбөйдү. Алар ошол “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жетекчиси Абу-Бакир ал-Багдадиден уруксат сурап атышат. Ал азырынча уруксат бербегендир, бирок бул бизде да реалдуу коркунуч бар экенинен кабар берет. Андан сырткары ошол эле “Ислам мамлекети” радикал тобунун адамдары Ооганстанда да пайда болуп, "Талибан" менен, “Өзбекстан ислам кыймылы” менен бир байрактын алдында аракеттенүүгө өтүштү. Ал тургай алар жаңы стратегияларды ишке ашырып баштоодо. Экинчиден, кечээ жакында Парижде болуп өткөн окуя да албетте биздин укук коргоо органдарын ойлондуруусу керек деп эсептейм. Ушул факторлордун баары Кыргызстандын күч органдарын, анын ичинде өзгөчө Ош, Баткен аймактарынын укук коргоо кызматтарын коргонуу чараларын бышыктоого түртүп жаткандай.

Бийликтин чочулаганы оппозиция

Ошентсе да адистер аймакта социалдык нааразылыктардын бир нече очогун эсептешет. Алар Кара-Суу базарындагы контейнер талашка нааразы болгон соодагерлер, Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонундагы “Чайка” үй-бүлөлүк жатаканасынын жашоочуларынын көп жылдан бери чечилбеген чыры, күч менен жабылган шаардагы менчик автотетик базарынынын соодагерлеринин капачылыктары сыяктуу окуялар. Электр энергиясынын кымбатташына болгон терс пикирлер да мунун үстүнө кошулса, бул топтор нааразылык маанайдын кичи булагына айланып калчудай.

Мелис Мырзакматов, 15-январь, 2014-жыл
Мелис Мырзакматов, 15-январь, 2014-жыл

Аймакта бийликти чочуткан мындан да чоңураак топ катары адистер, кылмыш иши ара жолдо турган, өзү чет өлкөдө дарыланып жаткан Акматбек Келдибеков менен кылмыш иши козголгон Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун тарапкерлерин санашат.

Серепчи Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, милициянын бул билдирүүлөрү ошол топторго эскертүү болуп жаткандай:

- Бул топтордун ичинен күч органдарын, же бийликтердин башын оорутуп жаткан негизги топ Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери. Ансыз деле мындан аз күн мурдараак экс-мэрдин тарапкерлери УКМКнын Оштогу бөлүмүнө барып, бир сыйра нааразылык акциясын өткөрүп кетишти. Баамымда Мырзакматов камалса, биз көчөгө чыгабыз деген анын тарапташтары көп. Балким, күн жылыса алар бир нааразылык акцияларын баштап жибериши да мүмкүн. Андан сырткары жергиликтүү деңгээлде саясий куугунтукка кабылып, соту бүтпөй, же куугунтугу бүтпөй жүргөн адамдар бар. Милициянын машыгып жатканы, же ушул коркунучтар тууралуу коңгуроо кагып жатканы, же балким ошол күчтөргө эскертүү берип жатканыдыр. “Мыйзам бузсаңар камаласыңар, митингге чыксаңар камап салабыз” дегендей мааниде бир эскертип коёлу дешкендир.

Деген менен Оштогу күч органдары жыл сайын жазга жуук аймактагы кырдаал жөнүндө ушул сыяктуу билдирүүлөр менен чыгат. Байкоочулар муну бийликке нааразы болгон айрым топторду пикирлеринен кайтарып, алдын ала алардын үшүн алуу ыкмасы катары сүрөттөшөт.

Темир тор артында көз жарган эне

Чүй облусуна караштуу Степной айылындагы №2 аялдар түрмөсү. 7-февраль, 2013-жыл

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаңы төрөгөн аял ымыркайы менен чогуу камалып турат. Анын адвокатынын айтымында, мыйзам боюнча кош бойлуу же 14 жашка толо элек баласы бар аялдар балдары чоңойгончо жаза өтөөдөн бошотулушу керек.

Мындан 20 күн мурда жарык дүйнөгө келген кичинекей Алмаз бүгүн өз үйүндө эмес, муздак дубалдуу тергөө абагында жатат.

25 жаштагы Айжан Өмүралиева 2007-жылы алтын зер буюмдарды уурдаганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча бир жылга соттолгон. Соттун чечими менен келин жатак абагына которулат, бирок абактын мекемесине мөөнөт-мөөнөтү менен барып, көрүнүп туруусу керек эле. Айжан жазасынын аяктаарына эки ай калганда, кабарын билдирбей койгондуктан ага издөө жарыяланган.

Айжандын айтымында, ал милиция тарабынан изделип, көчөлөрдө сүрөтү илинип турганын өткөн жылдын жай айларында гана тааныштарынан угат. Натыйжада экинчи ирет соттолот. Бул ирет Сокулук райондук соту аны 1 жыл 7 айга эркинен ажыраткан.

- Соттолуп жатканда боюмда бар эле. Ай-күнүмө жетип, 16-декабрда Бишкектеги төрөтканада көз жардым. Уулума Алмаз деген ысым ыйгардык.

Степной айылындагы аялдар түрмөсү
Степной айылындагы аялдар түрмөсү

Айжан ушул тапта тергөө абагында өзү менен кошо жаткан баласынын ден соолугуна тынчсызданып турган чагы:

- Төрөт үйүнөн чыгып жатканда эле балам ооруп калган. Денесине кызыл нерселер чыгып, жаралар пайда болгон. Дарыгерлер бизди Бишкектин Жал кичи районундагы балдар ооруканасына жаткыргыла деп айтышкан. Бирок кайра эле тергөө абагына алып келишти. Азыр баламдын жарасын дары чөптөр менен жууп жатып кетирдим. Баламдын атасы-мурдагы жолдошум соттолуп жатканымда келип, баламдан баш тартты. Улуу балам атасынын колунда.

Сегиз жыл мурда жасалган кылмыш келиндин буга дейре курган үй-бүлөсүн бузуп, түгөйлөрдү эки ара жолго салган. Айжандын мурдагы жолдошу Жайнарга байланышып, бир кездеги аялынан жана абакта төрөлгөн өз баласынан кабар албаганын билдик.

- Азыр кандай абалда экенин билбейм. Ал түгүл эмне үчүн соттолгонун да билбейм, уурулук болсо керек. Үйдөн укук коргоо кызматкерлери келип алып кеткен.

Айжандын Бишкекте жардам берчү туугандары да жок, жалгыз каралашчу атасы Ысык-Көлдө жашайт. Мындан улам буга чейин тажрыйбалуу адвокат жалдаганга да мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бир нече ай мурда Айжан менен бир камерада кармалып турган аялдын адвокаты анын аянычтуу окуясын угуп калып, акысыз жардам берүүнү убада кылган. Аталган адвокат Күмүшбек Убукеев жаңы туулган ымыркайдын башка айыпталуучулар менен чогуу бир камерада кармалышы мыйзамсыз дейт.

- Айжанга барсам, тергөө абагынан баласын көтөрүп чыкты. Аябай боорум ооруду, бала менен эне төрөт үйүнөн чыгышы керек эле да. Негизи Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, кош бойлуу же 14 жашка толо элек баласы бар аялдар баласы чоңойгончо жаза өтөөдөн бошотулушат. Ал түгүл, эгерде балдары бар жалгыз бой ата болсо да жогорудагы кодекске ылайык, жаза аткаруудан убактылуу бошотулат.

Деген менен Мамлекеттик жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматынынын өкүлү Элеонора Сабатарова ымыркай менен энеге бардык шарттар түзүлүп берилгенин айтып, анын баш коргоо чарасын караганда камакка алуу чечими кабыл алынганын келиндин буга дейре жоопкерчиликтен качкандыгы менен түшүндүрдү:

- Келин менен балага бардык шарттар түзүлүп берилди. Атайын ымыркай үчүн керебет да коюлган. Айжан жатак абактан качып кеткени үчүн Сокулук райондук соту тарабынан Кылмыш - жаза кодексинин 336-беренесинин биринчи пунктуна ылайык соттолуп, ага ушундай баш коргоо чарасы колдонулган.

Ал эми "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова ымыркайдын укугу корголбогонуна нааразы:

- Мен Бишкек шаардык тергөө абагында көп болгом. Бул жайда ымыркай үчүн эч кандай шарттар түзүлүп берилген эмес. Суук, ар кандай адамдар бар. Ымыркайдын укугу корголбой жатат. Биздин сот жана укук коргоо кызматкерлеринин, дегеле мыйзамдын гумандуу эместиги ушундай жагдайга алып келген.

10-январда Сокулук райондук сотунун чечимине нааразы болгон келин адвокаты аркылуу анын жаза өтөө мөөнөтүн жылдырып туруу өтүнүчү менен Чүй облустук сотуна кайрылды.

Автоунаа ташыгандар тарифти жылдырууну сурады

Бишкектеги машина базар

Беш жүзгө чукул ишкер чет өлкөдөн сатып алган автомашиналарын жаңы жылдын алдында Кыргызстанга ташып жеткирип үлгүрө алышкан эмес.

Ошондуктан бажы төлөмүнүн жаңы баасын жылдыра турууну өкмөткө сунуштады.

Кыргызстан автоунаа ташуучулар бирлиги учурда ишкерлерге жаңы бажы тарифи менен бажы төлөмдөрүн төлөө оор болуп жатканына даттанып, ошондуктан анын мөөнөтүн жылдырууну талап кылууда. Бирок экономика министрлиги ишкерлер жаңы бажы тарифи тууралуу өткөн жылдын жайынан бери эле эскертилгенин жана анын мөөнөтүн жылдырууга негиз жоктугун жүйө келтирди.

Чөнтөккө туура келбеген бажы төлөмү

Чет элдик автоунааларды ташуучулар ар кандай себептер менен сегиз жүзгө жакын автоунааны жаңы жылга чейин алып келип үлгүрө алышкан эмес. Мына ошондуктан алар учурда өкмөттөн аталган автомашиналар үчүн бажы төлөмүн эски жылдын бажы тарифи менен каттоону талап кылышты. Анткени бирдиктүү бажы тарифине ылайык, учурдагы бажы төлөмү автоунаа ташуучуларга үч эсе оор келип жатканы мисалга алынды. Автоунаа ташуучулардын бири Альберт Көбөнов алар азыр аргасыз абалда турушканын айтты:

- 2003-2004-2005-жылдары чыгарылган автоунаалардын бажы төлөмү былтыр сегиз жүз доллар болсо, азыр жаңы тариф менен 6,5 миң доллар болуп калды. Анан эми азыр бир ишкер сегиз автоунаа алып келе жаткан болсо, элүү миң долларга жакын акча бажы төлөмүн төлөй албайт. Биздин автоунаа ташуучулар болгону миң доллар пайда үчүн иштейт. Анан кантип төлөйт? Анан калса жолдо ар кандай кыйынчылыктар менен кечигип келдик.

Оштогу "Жапалак" унаа базары
Оштогу "Жапалак" унаа базары

Эске сала кетүүчү жагдай, 2015-жылдын 1-январынан тарта сырттан ташылган автоунааларга бажы төлөмдөрүнүн жогорулатылган жаңы ченеми киргизилген. Ага ылайык автоунаалардын чыгарылган жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша миң доллардан жогору бажы төлөмү бекитилген. Көптөгөн ишкерлер автоунаанын баасы көтөрүлөт деген негизде кардарлардан жаңы буюртмаларды алып алышкан. Жеке ишкер Алтынбек Сулайманов пайда көрмөк турсун кардарлардын акчасын кайрып бере албай калганына мындайча токтолду:

- Биздин ишкерлер кардарларга ылайыгына жараша машине алып келип беребиз деп акча алышат. Анан жолдо машине бузулат, ар кандай тоскоолдуктар болот. Мына ошону менен бир айдан ашуун жолдо жүрөбүз. Мен мисалы үчүн Range Rover жүктөп келдим эле. Жаңы жылга чейин Кыргызстанга киргенге үлгүрбөй калдым. Азыр мага бажыканадан анын бажы төлөмү он бир миң доллар болот деп айтышты. Аны мен каяктан алам?

Тарифти жылдыруу тактыкты бузабы?

Автоунаа ташуучулар экономика министрлигине жана өкмөткө автоунаага жаңы бажы тарифин киргизүүнү 28-февралга чейин жылдырып туруу өтүнүчү менен атайын кайрылуу жасашты.

Бирок экономика министрлигинин соода саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бекташев ишкерлердин аталган талабын канааттандырууга негиз жок экенин белгиледи:

- Өкмөттөн кабыл алынган чечим жөн эле чыккан эмес да. Былтыр жайында-июль айында эле бажы тарифи этап-этабы менен жогорулатыла турганын эскертип келгенбиз. Биринчи жолу сентябрда, анан январдан баштап ар жыл сайын көтөрүлүп турарын айтканбыз. Биз ишкер чөйрөнү эскерткенден кийин алар мына ошого алдын-ала даярданып турушу керек эле да. Анан эми бул ишкерлер үчүн эле жаңы бажы тарифин ишке киргизүүнү артка жылдырып туралы десек туура болбой калат го.

Анткен менен автомашина ташыган ишкерлер алардын ар бири жаңы бажы тарифин киргизүүдөн орточо он миңден жүз миң АКШ долларына чейин чыгым тартышканын айтышууда. Экономика министрлиги жеке ишкерлердин арызын кабыл алып, бул маселени териштирип карап көрүүгө убада кылган. Бирок аталган министрлик эгерде ишкерлердин талабы канааттандырыла турган болсо, анда бажы тарифин ишке киргизүүнү кечеңдетип туруу талабы менен башкалар дагы кайрылат деп чочулайт.

Тажикстанда салафизм экстремисттик деп табылды

Абактагылар айт намазын окуп жатат. Тажикстан

Тажикстандын Жогорку Соту салафизм диний агымынын ишмердигин экстремисттик деп тапты. Өлкөдө бул агым кыянатчыл максатты көздөйт деп, интернет сайты да жабылды.

Кыргызстанда салафизмдин ашынган топторуна эле тыюу салынбаса, калган жактоочулары ээн-эркин эле иш алып барышат.

Тажикстандын Жогорку Соту салафи диний агымы боюнча чечимди былтыр 8-декабрда чыгарган. Бирок коомчулукка бул маалымат өткөн жума аягында гана белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу академиясынын жетекчиси, генерал Журахон Мажидзода жазып чыкты. Генералдын өкмөттүк “Жумхурият” гезитинде жарыяланган “Салафиликтин беткабын жамынган ваххабизм” аттуу макаласында бул агым расмий түрдө экстремисттик агым катары таанылганы белгиленген. Мындан соң диний агымдын интернеттеги сайтына тыюу салынып, толугу менен жабылды.

Негизи Тажикстанда салафизмге 2009-жылы эле тыюу салынган эле. Анда бул агымдын активдүү мүчөлөрү делген бир нече киши кармалып, абакка кесилген. Алардын башында “Эшен Сирожиддин” деген ат менен белгилүү Сирожиддин Абдурахмонов жана анын уулу Киромиддин бар эле. Алар төрт жылга жакын абакка отурган соң 2013-жылы бошотулган.

Египет: Салафиттердин "ал-Нур" партиясынын "Бирге туруп, диний өлкө курабыз" деген чакырыгы. 31.12.2014
Египет: Салафиттердин "ал-Нур" партиясынын "Бирге туруп, диний өлкө курабыз" деген чакырыгы. 31.12.2014

Генерал Мажидзода бул кыймыл акыркы учурда ишмердигин кайрадан жандантып, “жаңы бет каптын” артында саясий максаттарды көздөп жатканын жазган. Ал белгилегендей, бул агымдын негизги максаты коомду “мусулман” “каапырга” бөлүп, “халифат” куруу. Ошондуктан агымды экстремисттик деп, тамырын толугу менен кыркуу туура чечим болду деп жазат Мажидзода.

Тажикстанда салафи агымына киргендердин саны көбөйүп баратканын айткан диний жана коопсуздук маселелер боюнча серепчи Фаруддин Ходизаде бийликтердин бул чечими туура болду деп эсептейт:

- Бул чечим өлкөдөгү диний чөйрөнү тартипке келтирүүнүн экинчи кадамы болду. Анткени 2009-жылы бул агымга Тажикстанда тыюу салынган эле. Эми болсо аны экстремисттик деп таап, мындай агымга мүчө болгондорду катуураак жазалаганы жатышат. Болбосо бул агымдын өкүлдөрү каржылык жактан да күчтөнүп жатышат. Маселен, Дүйшөмбүдө акча алмаштыруучу жайлардын көпчүлүгүнө ушул багытты кармангандар ээлик кылышат.

Азыркы учурда Тажикстанда салафилерден башка “Ал-Каида”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Жамаати Таблиг”, “Талибан”, “Хизб-ут-Тахрир”, “Точикистони озод” жана башка онго жакын уюм экстремисттик деп табылган. Өткөн жылы алардын катарына “24 тобу” деп аталган оппозициячыл кыймыл да кошулган.

Биз сөз кылып жаткан салафизм агымына Борбор Азиянын Тажикстандан башка айрым өлкөлөрүндө да тыюу салынган. Бул агымды Сауд Арабиясы колдоого алып, каржылаары айтылып жүрөт.

Теология доктору, кыргызстандык диний серепчи Зайнабиддин Ажымаматов “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Кыргызстанда салафизмди экиге бөлүп карап жүрүшөт. Бул агымдын жихаддык идеясын колдогон айрым уюмдарына тыюу салынса, калганы ээн-эркин эле иш алпарат:

- Салафилер өз ара "суудий", "жихадий", "такфирий" ж.б. болуп бөлүнөт, Кыргызстанда "жихадий", "такфирий" салафилерге, башкача айтканда ашынган багыттарына тыюу салынган болсо, "суудий" салафилерге тыюу салынган эмес. Башкача айтканда, "суудий" салафийлер Кыргызстанда өз иш-аракеттерин ачык-айкын эле жүргүзүп келет. Кайсы салафий тобу болсо да диний көз караш менен бирге саясий көз карашты да идеологиялык негизде карманышат. Ошондуктан, кандай гана багыты болбосун, аны биздин өлкөдөгү диний абалга туура келбеген агым катары санасак болот.

Спорт ордосундагы жардыруу. 30-ноябрь, 2010-жыл
Спорт ордосундагы жардыруу. 30-ноябрь, 2010-жыл

Ошондуктан, эртеби-кечпи Кыргызстанда да бул агымга толугу менен тыюу салуу маселеси көтөрүлөт деген ойдо серепчи.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев агым мүчөлөрүнүн ишмердиги тыкыр иликтөөгө алынышы керектигин билдирген.

Кыргызстанда салафизмдин бир бутагы саналган “Жайшул Махди” тобу террордук уюм деп табылган. Бул уюмдун мүчөлөрүнө 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган деген айып тагылып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мындан сырткары, өлкөдө ондон ашык диний уюм экстремисттик деп табылып, сот чечими менен аларга да тыюу салынган.

Эбола менен эсте калган жыл

Британияда эбола жуктурган адамды ооруканага алып бараткан учур, 30-декабрда, 2014-жыл

2014-жылы дүйнөдө эбола вирусу кулач жайып, Африканын бир топ өлкөлөрүн оор түйшүккө салды. Пакистанда шал оорусуна карата балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйдү, Кыргызстанда да бул тенденция байкалды.

Эбола вирусу тууралуу алгачкы маалымат ондогон жылдар мурда эле дүйнөгө тараганы менен 2014-жыл бул илдеттин өрчүп, күчөгөн учуру болду. Африканын сегиз өлкөсүндө дартты жуктургандардын саны 17 миңден ашып, андан каза тапкандар болсо 6 миң адамдан көп болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк cаламаттыкты cактоо уюму билдирди.

Батыш Африкадагы Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоне бул оорудан катуу жабыр тарткан негизги үч өлкө болду. Англиядагы Ливерпуль тропикалык медицина мектебинин ага окумуштуусу Ник Биичинг "Азаттыкка" бул өлкөлөрдө эбола илдетинин өзгөчө күчөшүнүн себебин саламаттыкты сактоо тармагынын начар болуусу менен түшүндүрдү:

- Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоненин саламаттык тармагы өтө чектелүү. Буга кошумча жергиликтүү калктын карантинге алынуу коркунучунан улам да ооруну жашыруусун түшүнсө болот.

Эбола дартын эскерткен тактайча. Либерия
Эбола дартын эскерткен тактайча. Либерия

Эбола куш тумоосу же чочко тумоосунан айырмаланып, ооруган киши менен түздөн-түз дене байланышы болгондо жуга турган оору деп кошумчалады Биичинг:

- Эбола жана ага окшош илдеттер көбүнесе ооруган киши менен соо кишинин ортосунда түз байланыш болгондо, же денелери бири-бирине тийгенде жугат. Ал эми акыркы жылдары чыккан куш тумоосу же чочко тумоосу болсо эболадан айырмаланып, аба аркылуу жугат эмеспи.

Эбола ошондой эле жапайы жаныбарлардын этин жегенде да жугушу ыктымал. Бул илдеттен каза болгондорду көмүүдө диний көз караштардын кайчылаш болуусу да быйылкы жылдагы маанилүү окуя болду. Себеби эболадан көз жумган кишиге кол тийгизип, жууп, жерге берүүдөн да таза кишиге жугуп калуу коркунучу бар, анткени вирус өлгөн денеден да кетпейт.

Сулуулуктан сарыкка бир кадам

Эболанын азырынча чыккан дарысы жок. Бирок вакцинасы болсо дагы 2014-жылы дүйнө коомчулугунда көбөйгөн оорулардын катарында гепатит сыяктуу социалдык илдеттер да турду. Кыргызстанда да адистер гепатиттин ар кайсы түрү акыркы мезгилде жаштар арасында тырмак жасатуудан жугуп жатканын айтышууда. Жугуштуу оорулардын дарыгери Чолпон Идирисова "Азаттыкка" буларды айткан:

- Маникюр, педикюр кылгандар аспаптарын, ачык эле айтсак болот, эч качан тазалашпайт. Алар спирт менен сүртүп коёт. Спирттен бул вирус эч качан өлбөйт. Андан тышкары ширеңке же шам менен өрттөп коюшат экен. Мында да вирус такыр өлбөйт. Ошондуктан азыркы тапта, айрыкча жаштар арасында татуаж, маникюр, педикюрдан сарык жана гепатиттин ар кайсы түрүн жуктуруп алып келгендер көп болууда. Студенттер арасында өтө эле арбын.

Жылдын күтүүсүз жыйынтыктары

2014-жылы саламаттыктык сактоо тармагындагы дагы бир орчундуу окуялардын катарында балдарын жугуштуу ооруларга карата эмдетүүдөн баш тарткандардын саны көбөйгөнү болду.

Америкада болсо 2014-жылы кызылча илдетине кабылгандар 20 жылдан берки эӊ чоӊ көрсөткүчтү берди деп билдирет АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору.

2014-жылдын ноябрь айында дүйнөдө кызылча илдетинен көз жумган балдардын саны 145 700 болгон. Бул сан 2013-жылы 122 миӊ эле. Балдар арасында шал же полиомелит илдетинин жайылуусун да Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жылдын күтүүсүз окуясы катары сүрөттөдү.

Дүйнөдө жалпы 306 бала шал оорусун жуктурган. Пакистанда ата-энелер балдарын шалга карата эмдетпей, 260 бала бул ооруга кабылып, түбөлүк майып болушту. Пакистандагы талибдер иммунизациялоону тыйып, шалга карата эмдеп жүргөн врачтарга, аларды Американын агенттери дешип кол салышкан.

Американын Ак үйү вакцинациялоо программасында эч кандай шпиондук жасалма вакциналар жок экенин расмий түрдө 2014-жылдын май айында билдирди. Кыргызстанда да акыркы мезгилде балдарын ар кыл жугуштуу илдеттерге каршы эмдетүүдөн баш тарткандар арбыганын дарыгерлер айтышууда.

Балдар арасында рак күчөп

Алматы шаарында рак илдетине чалдыккан Данияр Сарсекенов
Алматы шаарында рак илдетине чалдыккан Данияр Сарсекенов

2014-жылы Кыргызстанда рак илдети менен ооруган балдардын көйгөйү көтөрүлүп, Республикалык онкология борборундагы Балдар бөлүмүндө бир катар окуялар болду. Жыйырма жылдан ашуун бул бөлүмдө жалгыз дарыгер жана бөлүм башчы болуп иштеп келген профессор Дамира Байзакова рак илдетинен каза болгон ата-энелердин арызы менен бөлүм башчылык кызматтан алынып, бөлүмгө онколог жана гематолог врачтар, кошумча медкызматкерлер дайындалды. Ал эми өлкөдө айрыкча балдар арасында рак илдетинин көбөйүп баратканын адистер аз кандуулук көйгөйүнө байланыштырышууда.

- Адамдын канында кычкылтекти ташыган гемоглобин же кыргызча айтканда, "кызыл кан" заты азыркы тапта аялдардын дээрлик баарында жетишсиз. Ушунун айынан гемоглобини төмөн энелерден рак менен ооруган балдар төрөлүп, балдардын майып болуусу артып жатат, - дейт врач-онколог Дамира Байзакова.

Жугуштуу оорулар

Ал арада "Жакынкы Чыгыштын тумоо синдрому" аттуу илдет чыгып, белгилери пневмония сыяктуу болуп, 2014-жылы Сауд Арабиясын бир топ түйшүккө салды деп кабарлайт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Төөдөн жукту деп божомолдонгон бул оорунун вакцинасы жок экени айтылды.

Кыргызстанда болсо быйыл менингит илдети күчөп, жети киши, анын ичинде үч жаш бала бул оорудан каза болду. 2012-жылга салыштырмалуу бул дартка чалдыккандардын саны үч-төрт эсеге өстү дешет адистер. Жугуштуу оорулардын врачы Канатбек Искенов менингит боюнча "Азаттыкка" буларды айткан:

- Кыргызстанда менингит оорусу көбөйүп жатат. Былтыркы жылдарга салыштырмалуу үч-төрт эсеге көп. Мисалы, эки айдын ичинде эле жалпы 147 оорулуу бизге келип түшсө, эӊ оор менигоккоз түрүн жуктуруп алганы 59 болду. Бул оору ар бир сегиз, тогуз же он жылда бир жолу күчөп, кайталанып турат.

Жаӊы дарылар

2014-жылы гепатиттин С түрүн дарылай турган эки жаӊы дары чыкты. Бирок алардын баасы өтө эле кымбат дешет адистер. Маселен Дүйнөлүк фармацевтика бирикмеси тарабынан тастыкталган "Совальди" аттуу дарынын бир курсу 84 миӊ АКШ долары турат.

2014-жылдын октябрь айында Америкада 94 500 долларлык "Харвони" дарысы чыгарылды. Бул эки дарынын баасы менчик жана мамлекеттик ооруканалардын, калктын саламаттыгын камсыздаган компаниялардын сынын жаратты. Ошентсе да бул дарылардын ооруну айыктыруудагы таасирдүүлүгү жана зыян жактары аз болгону айтылууда деп кабарлайт New York Times басылмасы.

Май эмес, углевод жеш керек

Jama Internal Medicine журналынын 2014-жылдын февраль айындагы санында азыктануусунда таттууларды жана калорийди нормасынан 25 процентке көп жеген америкалыктар жүрөк оорулары жана кан тамыр илдеттеринен көз жумары жарыяланды.

Сентябрь айында окумуштуулар ашыкча салмактуулардын айынан дүйнө экономикасы тарткан зыянды изилдешти. "Мак Кензи" глобалдык изилдөө институтунун окумуштуулары ашыкча салмактан улам дүйнө экономикасына келтирилген чыгым тамеки тартуу, климаттын булгануусу жана алкоголдон тарткан чыгымга барабар болууда дешет. Башкача айтканда глобалдык экономика жыл сайын ашыкча салмактын кесепетинен эки триллион долларга жакын зыян тартат.

Кыргызстанда да акыркы мезгилде ашыкча салмактуулар көбөйүп, семирип кетүү илдетинен жабыркагандар арбып жатканын адистер айтышууда. 2014-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында курсагындагы 17 килограммдык майы менен жашап жүргөн аялга операция жасалып, майы тазаланган.

2014-жылы Кыргызстанда аялдар жана балдар арасында аз кандуулук илдетинин көп болгону да байкалды дешет адистер. Ошондой эле төрөттөн каза болгон аялдардын саны да өскөн. Мунун себеби катары адистер аялдардын жалпы саламаттыгынын начар болуп жатканын айтышууда.

Арасат абалда калган мигранттар

Москвадагы темир жол бекети

Орусиянын жаңы миграциялык мыйзамына ылайык, кыргызстандык эмгек мигранттары туңгуюк абалда турушат. Ал ортодо Ош шаарынан Орусияга учкандардын саны да кескин кыскарганы белгилүү болду.

Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын арасында мурдагы жумушка уруксат берүү системасынан патенттик системага өтүүнүн ыңгайсыздыгынан улам мекенине кайтуу маанайы үстөмдүк кылууда.

Бирок ошого карабастан эмгек мигранттарынын көпчүлүгү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кирүү келишими күчүнө кирген май айын күтүүгө мажбур.

Мигранттардын маанайы...

Орусиянын Федералдык кызматынын башчысы Константин Ромодановский жакында чет элдик мигранттардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу жаңы жылга карата жетимиш пайызга кыскарганын билдирди. Ал муну Орусиядагы мигранттар арасында жумуш орундарын табуу кыйынчылыгы менен түшүндүргөн. Ошондой эле Орусиядагы айрым кыргызстандык эмгек мигранттарынын айтымында, 2015-жылдан тарта киргизилген жаңы патенттик система да аларды арасат абалга кептеген. Москвада иштеген Нарсулуу Гургубаева мына ошондуктан кыргызстандык эмгек мигранттарынын арасында мекенге кайтуу маанайы күчөп жатканын билдирди:

- Биздин мекендештердин көбү мекенге кетип жатканын уктум. “Болду бул жак акча табууга ыңгайсыз болуп калды” деген сөздөр көп. Патенттик система менен деле иштей беришет дечи. Бирок мына ошонун шарттары дагы так эмес болуп жатпайбы. Мурдагыга караганда ай сайын патент сатып алуу азыркы шартта ортомчулардын гана күнүн туудуруп жатат. Ошол эле кезде патентке ишенип алып, жумушка уруксат албай калгандар болду. Анан батирлерди катуу текшерип, мурдагыдай он-он бештен биригип алып жашагандарды кыйнап жатышат. Мигранттардын көпчүлүгү азыр туңгуюк абалга кептелишти.

Москвадагы кыргыз элчилиги
Москвадагы кыргыз элчилиги

2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияга кирүү жана анда иштөө тартиби өзгөрүлгөн. Ушул мөөнөттөн баштап Орусия менен визасыз катташкан чет өлкөлөрдүн мигранттарына карата жумушка уруксат берүү квотасы жоюлду. Эми эмгек мигранттарынын бардыгы Орусияда иштөө үчүн патент алууга тийиш. Мындан сырткары чет элдик мигранттар Орусияда жүрүү тартибин бузса, беш жылга чейин өлкөгө кирүү укугунан ажыратылат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин пресс-атташеси Айымкан Кулукеева патенттин аныкталган баасы туурасында мына буларды билдирди:

- Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Ромодановский менен жолугушууда ал Москва шаары жана Москва облусу боюнча патенттин баасы айына төрт миң рубль болорун айткан. Анан калган аймактарда мындан арзан болушу айтылган. Бирок ошондон дагы кымбат болушу мүмкүн деген расмий маалымат жок.

Чыгымдардын чыңалуусу

Ошол эле кезде Москвадагы кыргызстандык эмгек мигранттары патент алуунун кыйынчылыгы тууралуу айта башташты. Анткени ортомчулар аркылуу патент алуунун акысы ал жакта иштеп тапкан эмгек акысынан бир топ жогору болуп калууда. Мыйзамдын чегинде патент алуунун шарттары өтө татаал дешет алар. Кыргыз элчилигинин пресс-атташеси Айымкан Кулукеева патентти биринчи жолу алуучулар үчүн анын шарттарын мындайча тааныштырды:

- Биринчи жолу патент алып жаткан мигранттар жугуштуу оорулары жок деген маалымат кат жана медициналык камсыздандыруу алууга тийиш. Мындан сырткары мигрант орус тилин, тарыхын жана мыйзамдарды билет деген сертификат алат. Мына ошонун бардыгын кошуп эсептегенде биринчи жолку патентке жыйырма миң рублга жакын акча чыгымдалат. Андан кийин ай сайын 4 миң рублден төлөп турат.

Орусия
Орусия

Мекенге кайтуу маанайы күчтүү болгонуна карабастан көпчүлүк кыргызстандык эмгек мигранттары келе жаткан май айын күтүүгө мажбур. Анткени 2015-жылдын май айынан тарта Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кирген келишими күчүнө кирет. Мына ошол келишимге ылайык, кыргызстандык эмгек мигранттарында кандайдыр бир жеңилдиктер болобу деген үмүт бар.

Ал ортодо Орусиядагы мигранттарга киргизилген жаңы шарттардын таасириби, айтор Ош аба майданынан Орусияга учкандардын саны 30-40 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Оштогу авиакомпаниялардын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, жаңы жылдан бери Орусияга каттаган учактарга билеттердин 30-40% сатылбай калган.

Айрым адистер Орусияга каттагандардын азайышы жаңы жылдык эс алуулардан улам десе, эмгек мигранттары орус рублинин арзандашына жана миграциялык саясаттын катаалдаганына байланыштырууда.

Тагдыры татаал кароосуз балдар

Жалал-Абад облусундагы “Ак-Жол” кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда азыр 36 бала тарбияланат. Бул бир жыл мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Адистер өлкөдөгү миграция агымынын күчөшү кароосуз балдардын санын арттырганын айтышат.

Алты жаштагы Кубанычты милиция кызматкерлери Токтогул районунан чабандын колунда жалданма койчу болуп жүргөн жеринен алып келишкен. Азыр ал реабилитациялык борбордо тарбияланууда. Кезегинде чабандын колунан кордук көргөн баланын башында азыр камчынын урулган издери калыптыр. Бир жылдан ашык ата-энесин көрбөгөн Кубаныч бул жакка кантип келип калганын айтып берди.

- Апам кичине кезимден тартып эле туугандарыбызга таштап кеткен. Алар болсо мени бир койчуга берип коюшту. Жайлоодо өзүм жалгыз 600 койду бакчумун. Кокус кечигип же бир кой жоголуп кетсе, койчуман суук күндөрү мени эшикте тургузуп койчу, анан тепкилеп, камчы менен сабап салчу. Туугандарыбыздын бири милиция болуп иштейт экен. Ал мени ошол жактан көрүп калып, ушул борборго алып келип тапшырды. Бир жылдан ашык убакыттан бери апамды көрө элекмин жана кайда жүргөнүн да билбейм.

Милиция кызматкерлери азыр Кубанычтын ата-энесин издеп жатышат. Мындагы “Ак-Жол” балдардын реабилитациялык борборунда учурда 6 жаштан 16 жашка чейинки 34 бала тарбияланууда. Алардын басымдуу бөлүгү ата-энеси таштап кеткен балдар.

2009-жылы ачылган борборго жыл сайын 70тен ашык бала алып келинет. Борбордун директору Эркингүл Саркарова соңку учурларда кароосуз балдардын саны өскөнүн белгилейт.

- Негизинен ата-энеси таштап кеткен соң базарларда тилемчилик кылып же жер төлөдө жашап жүргөн балдарды милиция бизге алып келип, актынын негизинде тапшырышат. Токтогулдан келген Кубанычтын тагдырын көрдүңүздөр. Андан башка да мурда шаарда жашаган сегиз жаштагы бир кыз азыр бизде тарбияланып жатат. Апасы чет жакта жүргөндүктөн туугандарынын балдары зордуктап коюп, милиция бизге тапшырган. Өспүрүмдөр көбүнчө ушул сыяктуу оор тагдыр менен келишет. Өткөн жылдын ушул айында бизде 17 бала болсо, бүгүнкү күндө алардын саны эки эсе өстү. Бул баары келип эле турмуш-шартка такалат. Биздин мекеме мамлекеттин карамагында болгону менен кийим-кечек жана окуу куралдарынан кыйынчылыктар бар. Бул багытта өзүбүз демөөрчүлөрдү издеп таап келебиз.

Борбордо быйылкы жылы ата-энеси таштап кеткен балдар эки эсе көбөйгөнүн адистер ички жана тышкы миграциянын агымынын күчөшү менен байланыштырат.

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Нургазы Ботоканов бул багытта ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү белгилейт.

- Табылган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү өз ата-энесинин колунда эмес, чоң ата же туугандарынын кароосунда турушат. Ошол себептүү ата-эненин да жоопкерчилигин карашыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Админстративдик кодексинде ата-эненин баланы тарбиялоо жана окутуу милдети деген норма бар. Биз анын негизинде ташталган балдар боюнча 250-1000 сомго чейин гана айып пул салабыз. Кээ бирлери төлөйт, айрымдарынын шарты жок болуп калат. Бирок ал да анчалык таасирин бербей жатат.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 137 бала кароосуз калып, жергиликтүү бийлик тарабынан каттоого алынган. Ал эми 8177 үй-бүлөнүн балдары азыр турмуш шарты оор абалда жашайт. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын Социалдык мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Абдуллабек Камбаров балдарды камкордукка алууда социалдык коргоо багытында координациялык кеңеш керектигин айтат.

- Жетим балдар, ата-энеси таштап кеткендер боюнча азыр бейөкмөт уюмдардан башка эч бир мамлекеттик мекеме иштиктүү жумуш алып барган жок. Райондук жана облустук администрациялардагы бул адистердин штаттык бирдиктери кыскартылып, азыр ал Социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактагы бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Бирок алар так санын чынында биле алышпай жатат. Ошон үчүн облустарда ушул тармакты тейлеген координатор болушу керек. Менин такташымча, азыркы учурда камкордукка алынган балдар жыл башында 180 болчу, төртүнчү кварталдын жыйынтыгы менен алардын саны 259га жетти. Жашырганда эмне, албетте өсүп жатат. Кароосуз калган балдар да ошондой, жыл башында 101 болсо, азыр 137. Эми бул жагдайда өкмөт чара көрүп, бир топ токтомдор, протоколдук тапшырмалар берилип жатат. Айыл округдарда, райондордо иш алып барылганы менен жетишсиз болууда. Социалдык көйгөйлөр ушунчалык жаралып жаткандыктан буга коомчулук да жардам көрсөтүшү керек деп ойлойм.

Соңку эки жыл ичинде Жалал-Абадда ата-энеси таштап кеткен же жетим калган 117 бала соттун чечими менен багууга берилген. Алардын көпчүлүгү кыргызстандык үй-бүлөлөргө берилсе, айрымдарын чет элдик жарандар багып алышкан.

Апта: Чечкен президент, чегинген тариф...

Жаңы жылдан кийинки жумада президент өзгөчө активдүүлүгүн көрсөттү. Электр энергиясына тарифтер ай сайын өзгөрө турган болду.

Баарын өзү чечкен мамлекет башчысы

Жаңы жылдык майрамдардан кийин президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө маселени ким чечерин дагы бир ирет көрсөтүп, мамлекеттик жана өкмөттүк иштерде активдүүлүгүн күчөттү.

Маселен, мамлекет башчысы 3-январда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алып, жаңы жылдык майрамдарда энергетика тармагынын иши тууралуу маалымат алды. Ошондой эле энергетика тармагындагы ири долбоорлордун аткарылышын да талкуулады.

5-январда президент каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алып, быйылкы жылдын бюджети, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча маселени көтөрдү.

6-январда “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчиси Аргынбек Малабаевди кабыл алып, кыргыз-кытай темир жолун куруунун түрдүү варианттарын талкуулады.

Соңунда 8-январда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жана энергетика тармагында тариф саясатына жооптуу отун-энергетика тармагын жөнгөрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаевди кайра кабыл алып, керектөөчүлөргө тарифтерди төмөндөтүүнү тапшырды. Бул президенттин жума ичиндеги иштеринин толук эмес тизмеси.

Өкмөт жана өкмөт башчы болсо түз милдетине кирген мындай иштерде пассивдүү бойдон кала берүүдө. Бул абал Кыргызстанда бийликти бөлүштүрүү, парламент жана өкмөттүн ролун күчөтүү сыяктуу реформалардын чабалдыгын көрсөтөт.

Президент Алмазбек Атамбаев экономикалык маселелерге аралашуусун жана чечүүсүн кандай болбосун баарына мамлекет башчысы жооп берери менен түшүндүргөн.

Саясат таануучулар жана эксперттер президенттин активдүүлүгүн өкмөттүн алсыздыгы менен байланыштырууда. Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев мына ошондой ойдо:

- Экономиканын үстүнөн негизинен өкмөт иштеш керек. Тилекке каршы өкмөт өзүнүн милдетине кайдыгер мамиле кылып, парламент да жакшы иштебей жатат. Тышкы саясатты президентке берген мыйзам чыгарылган, ошого байланыштырып президент тышкы саясат эле эмес, экономика бүт бардыгын өзү чечип жатат. Президенттин киришүүсү менен анча-мынча жыйынтыктар да болуп жатат.

Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, өкмөт жана парламенттин алсыздыгына байланыштуу президенттин ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөнчө ушундай абал сактала берет. Эгерде күздөгү парламенттик шайлоодон кийин абал өзгөрбөсө.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президент жоопкерчилигин түшүнгөнгө байланыштуу активдүү иш жүргүзүүдө дейт:

- Президент азыр бир нерсени түшүнүп жатат, эгерде биздин мамлекетте, коомдо бир нерсе болсо, баары бир президенттен сурайт. Ошон үчүн өзү өкмөттүн ишине киришип, Жогорку Кеңешке да киришип, баарын өзү көзөмөлдөгөнгө киришти. Бирок өзү жалгыз мамлекеттин бардык ишин тартып кете албайт. Өкмөт өзүнүн ишин аткарыш керек, Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин аткарыш керек. Оппозиция өзүнүн ишин аткарыш керек. Бизде болсо Атамбаев өзү оппозиция, өзү пропозиция, өзү өкмөт, өзү Жогорку Кеңеш болуп жатат. Каалоосу жакшы. Бирок бул натыйжалуубу деген суроо элде туулуп жатат.

Бакыт Бакетаевдин пикиринде, өкмөт өзүнүн милдетин дурус аткара албай жаткандыктан президент ага киришүүгө аргасыз болууда. Муну Бакетаев Жоомарт Оторбаевдин өкмөттө өз командасынын жоктугу менен да байланыштырды.

Тариф саясатындагы ийкемдүүлүк

Президент электр энергиясына тариф саясатында ийкемдүүлүктү көрсөтүүгө өтүүдө. Мындай саясат тармактын финансы-материалдык келечегине кандай таасир этерин айтуу кыйын. Бирок ал өлкөдөгү социалдык нааразылыкты алдын-алууга карата пайдаланылууда.

Белгилүү болгондой энергетикалык кризиске байланыштуу бийлик Казакстандан 1 млрд. киловатт саат электр энергиясын сатып алууда. Анын бир килловат сааты 5 сом 60 тыйын болгондуктан Кыргызстанда электр энергиясына эки түрдүү тариф киргизилген. Маселен, 700 киловатт саатка чейин колдонгондор 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөйт.

Тарифтердин мына ушундай формуласы калк ичинде нааразылыкты жаратып, декабрь айында Нарын облусунда бир катар митингдерге алып келгени маалым. Алар тарифтерди төмөндөтүү талаптарын коюшкан.

2010-жылы апрель окуяларынын алдында да электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү Нарындагы митингдердин бир себеби катары аталган. Бирок бийлик анда ийкемдүүлүктү көрсөткөн эмес болчу.

Алмазбек Атамбаев да адегенде нарындыктардын бүгүнкү күндөрдөгү талаптарына кескин каршы чыккан эле:

- Тарифке нааразыларга мен минтип айтар элем, ошол эле теңир-тоолук туугандарыбыз этин, уюн, коюн беш жыл мурунку баа менен сатып жатабы же башка баа мененби? Анан Нарынга тариф арзандатылсын, башкаларга мурунку бойдон калсын дегенге такыр кошулбаймын. Ачык айтайын, Нарын облусу 23 жылдан бери дотацияда. Ансыз деле Кыргызстан жардам берип атат. Кыргыз эли Нарын облусун, ачык айтканда, багып атат.

Алмазбек Атамбаев Нарындагы митингди "ОБОНчулар" уюштуруп жатканын кошумчалаган.

Бирок жаңы жылдан кийин президент ийкемдүүлүктү көрсөтүп, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевге жана отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаевге керектөөчүлөргө тарифти төмөндөтүүнү тапшырды.

Президенттен тапшырма алган күндүн эртеси, 9-январда Кубанычбек Турдубаев жана Нурбек Элебаев маалымат жыйынын өткөрүп, тарифтердин арзандашы боюнча маалымат берди. Алардын айтымында, Казакстандан импорттолгон электр энергиянын көлөмү азайгандыктан тарифтер төмөндөтүлүүдө. Нурбек Элебаев жаңы тарифтер тууралуу буларды билдирди:

- Ошондуктан орточо өлчөнгөн тарифтерди өзгөртүп, кайра эсептеп чыгардык. Февраль айында калк ичиндеги 700 киловатт сааттан ашкан керектөөчүлөргө 1 сом 87 тыйын, бюджеттик керектөөчүлөргө 1 сом 97 тыйын, айыл чарбасына 1 сом 97 тыйын, өнөр жайы 1 сом 97 тыйын, калган керектөөчүлөргө да 1 сом 97 тыйын.

Нурбек Элебаевдин айтымында, эми тарифтер ай сайын өзгөртүлүп турат.

Нарын облусундагы активисттер бийликтин тариф саясатын өзгөртүп жатканына карабай 14-январга белгиленген Нарындагы нааразылык акциясы токтотулбашын билдирүүдө.

Активист Эркин Асаналиев:

- Элдер митингге чыгабыз дегенде эле тыбырчылап калышат. Тарифти бекиткенге чейин эле, күздөн тарта эле кырдаал оор дегенде эмне үчүн карашпайт? Качан эле эл чыкканда ушинтип калышат. Алар тарифин карап антип-минткенче бизде суук болуп жатат да. Ошого биз баары бир нааразыбыз. Анан митинг сөзсүз болот. Ошол митингдин алдына өздөрү келип түшүндүрүп беришсин.

Эркин Асаналиев бийлик тараптан ойлонулуп жаткан компенсация да кенемтени толтура албасын кошумчалады.

Оромпой тепкен ортомчу компаниялар

Калк ичинде энергетика тармагындагы ортомчу компанияларга карата да нааразылыктар айтылып, ал коррупциянын булагы катары бааланып келет. Анын үстүнө бийлик ортомчу компанияларга коюлган тарифтер тууралуу ачык-айкын маалымат берген эмес. Бирок 9-январда Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик ортомчу компанияларга электр энергиянын жаңы тарифин жарыялады. 17 ортомчу компаниянын арасында президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев жетектеген “Автомаш энергия” компаниясы да бар.

Ортомчу компанияларга коюлган тарифтер түрдүүлүгү менен айырмаланат. Маселен, “Димед” аттуу компанияга бир киловатт саат электр энергиясы 21 тыйындан сатылса, калган компанияларга негизинен 70-80 тыйындан тариф коюлган. Президент Атамбаевдин уулу жетектеген компанияга дээрлик 72 тыйындык тариф коюлган. Бул бөлүштүргүч компанияларга коюлган тарифтен жогору. Бирок баары бир пайдалуу жана ыңгайлуу. Анткени калктан башка керектөөчүлөргө Нурбек Элебаев маалымдагандай, февраль айына 1 сом 97 тыйындан тариф коюлган.

Сириядан келгендер адашканын моюнга алышат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет терроризм сыяктуу кылмыштарга жазаны катаалданткан мыйзам долбоорун парламентке жиберди.

Бирок эксперттер диний экстремизмди күч же жазалоо менен эмес, идеологиялык күрөш аркылуу тизгиндөөгө чакырышууда.

“Азаттыктын” кабарчысына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаарындагы тергөө абагында экстремизм жана терроризм үчүн айыпталып жаткан бир нече адам менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берилди.

Алардын баары буга чейин Сирияда аскердик даярдыктан өткөнүн, ал жактагы согуштук аракеттерге катышканын, Кыргызстан жана Өзбекстанда жардырууларды уюштуруу ниети менен келип, кармалып калышканын айтып беришти. Алардын көбү адашканын, эми буга чейинки ниеттеринен кайтышканын, мындан ары тынч жашоону каалашарын ортого салышты. Алардын бири мындай дейт:

- Фархат деген таанышым бар эле, ал мени динге чакырды. Аны менен жүрүп, исламга кызыга баштадым, намазга да барып жүрдүм. Кийин Орусияга барып, үч жыл бою орустарды тоноп жүргөм. Акыркы жолу саунада хижап кийип, сойкулук менен алектенген төрт орус кызды жана алардын “мамашасын” жок кылганбыз. Аларга биринчи эскертүү бергенбиз. Анан Ошко келип, үйлөндүм. 5-6 ай ушул жерде жашап жүрүп, кийин Сирияга кеттим. Ата-энеме Түркияга бизнес кылганы баратам деп айтып койгом. Апам мени азыр да Түркиядан келгенде камалды деп жүрөт. Сирияга барганымды атама гана айттым. Алар Сирияга барам десем түшүнмөк эмес. Анткени алардын диний билими жок. Эркиндикке чыксам тынч жашайм, үй-бүлө курам. Мусулман катары беш маал намаз окуйм, куран окуйм, ата-энеме жардам берем.

Курман айтка келгендер
Курман айтка келгендер

Бул арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук уюмдар менен кызматташкан жарандарга карата жаза чараларын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна сунуштады. Ал мыйзам долбоорунда террордук аракеттерге барган жарандарга карата жаза мөөнөтү дээрлик эки эсеге көбөйтүлмөкчү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

- Бир топ жарандарыбыз Сириядан кайтып келишип, өздөрүнүн жаңылганын моюнга алышып, азыр тынч оокатын кылып жатышат. Экинчи тобу болсо бул жакка келип, Ош жана Бишкек шаарларында террордук актыларды уюштурууга даярданып, же террордук уюмдарга кошулууга элди үгүттөшкөн. Аларга жаза чараларын катаалдантыш керек. Бул боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаганбыз.

Сирия менен Түркиянын чек арасындагы Кобани шаары
Сирия менен Түркиянын чек арасындагы Кобани шаары

Деген менен экстремизмге каршы күрөштө Улуттук коопсуздук кызматы жаза чараларын күчөтүү жолун тандаганын сындагандар жок эмес. Укук коргоочулар диний экстремизмди идеологиялык күрөш деп эсептешет. Конфликтолог Анара Жолдуева диний терроризмге жана экстремизмге ислам дининин баалуулуктарын каршы коюу керек деп эсептейт.

- Терроризмди бир гана жазаны күчөтүү менен токтотууга болбой турганын буга чейинки башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп келатат. Мунун баары адамдын ишенимине негизделген. Адамдар эч нерседен чочулабай жанкечтиликке чейин барып жаткан соң түрмөдө узакка отуруудан деле коркпошу мүмкүн. Ошондуктан күрөш идеологиялык багытта жүрүшү керек. Таасирдүү дин кызматкерлери исламдын таза, аруу жактарын жаштарга жакшылап түшүндүрүү иштерин колго алышы керек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2014-жылы терроризмге байланышкан 137 кылмыш иши козголуп, анын 76сы тергелип, сотко жиберилген. Өткөн жыл ичинде жергиликтүү бийлик, жарандык коом жана дин кызматкерлери тарабынан 600дөн ашык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү 16-22 жашта болгондуктан түшүндүрүү иштери негизинен жаштарга багытталган.

Сирияга аттанган кыргызстандыктар тууралуу алгачкы маалыматтардын пайда болгонуна эки жыл болду. Бул арада 200дөн ашык кыргыз жараны согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирияда экени расмий аныкталган.

Париждеги кыргыздар: Франция мурдагыдай болбойт

Париждеги соңку окуялар бул өлкөдөгү маанайды канчалык өзгөрттү? "Азаттык" Францияда жашаган кыргызстандыктарды сөзгө тартты.

7-январда Париждеги журналга кол салуу, андан эки күндөн кийин дүкөндө он чакты кишинин барымтага алынышы катардагы француздарга чоң таасир этти. Өлкө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Мусулман коомчулугунун лидерлери ал кылмыштарды айыптаган билдирүүлөрдү жасашууда. Ал эми ашынган оңчулдар учурдан пайдаланып, исламга каршы ойлоруна кошумча жүйө тапкандай болушту.

Акыркы бир нече күндө улам бир жерде мечиттерди, диниятчыларды бутага алган чабуулдар жөнүндө кабарланууда.

Кыргызстандык Мирлан барымта окуясы болгон дүкөнгө жакын жашайт. “Азаттыктын” кабарчысы Мирлан менен 9-январда үйүнө өтө албай жаткан учурда байланышты.

Мирлан: Окуяга байланыштуу көп деле маалыматым жок. Мен өтөйүн десем жолду жаап салышыптыр. Жол жабык. Алдыбызда полициянын атайын күч кызматкерлери турат. Алар чоң жолду бууп салышты. Ошол тегеректеги жолдун баары буулган экен.

“Азаттык”: Ошол дүкөнгө жакын жерде жашайсызбы?

Мирлан: Ооба, мен жашаган жерде ошондой дүкөндөр көп. Париждин кире бериши жабык экен. Артка кайтайын десем ал жакты да буушуптур. Ошону менен орто жерде калдым. Бизди да токтотушуп, текшеришти.

“Азаттык”: Ушул күндөрү текшерүүлөр көп болуп атабы?

Мирлан: Ооба. Негизи буга чейин мындай болчу эмес. Акыркы эки күндөн бери катуу текшерип жатышат. Бардык жерлер жабылды. Балдарыбыз мектепке бара албай калды.

Коопсуздук жогорку чекке көтөрүлгөндө мектептердин баарын жабышат. Балдарды күн мурдатан даярдашат, кооптуу кырдаалда алар өздөрүн кандай алып жүрүш керектигин үйрөтүшөт. Ар бир мектепте 2-3 полиция кызматкери турат. “Этият болгула” деп радиодон айтып жатат, телефондорго СМС-билдирүүлөр келип жатат.

Парижде жашаганыма көп жыл болду, буга чейин мындайды көрө элек болчумун. Полиция кызматкерлери мурда жөнөкөй тапанча алып жүрсө, азыр болсо винчестер, автомат көтөрүп жүрүшөт. Атайын күчтөр да жүрөт.

Омоев: Франция эми мурдагыдай болбойт

Францияда алты жылдан бери жашап, учурда университетте магистратурада окуп жаткан Улукбек Омоев соңку окуялар өлкө үчүн катуу сокку болгонун, иммиграция мыйзамдары кайра каралып чыгыш керек деген сөздөр көбүрөөк чыгып жатканын айтты:

- Мен Парижден 10 километр алыста жашайм, бирок жумушум Парижде болгондуктан бул жакка күндө келип турам. Коопсуздук чаралары катуу көрүлүп жатат. Мен иштеген университетте мурда аскерлер жок болчу. Азыр болсо атайын күчтөр келип, чоң чогулуш өткөрүп, маалымат беришип, “сумкаңарды текшеришибиз мүмкүн, студенттик карта менен киресиңер. Унутулуп калган сумканы көрсөңөр бизге кабар бергиле” деп эскертүү беришти. Жер-жерлерде ушундай көрүнүштү байкоого болот. Дүкөндөрдө да коопсуздук күчтөрү пайда болду. Мурда мындай жок болчу. Метролордо да полиция көп. Адамдардын көзүнөн коркунучту байкоого болот. Сыртка көп чыкпаганга аракет кылып калдык.

“Азаттык”: Мусулмандарга каршы маанай байкалган жокпу?

Улукбек Омоев: Бул кылмышкерлердин ислам динине эч тиешеси жок деп ойлойм. Мухаммед пайгамбар ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Франция светтик өлкө болгондуктан бул жакта ар бир адам кандай сүрөт тартам десе буга акысы бар. Ошондуктан эч ким башка бирөөнүн өмүрүн кыйбаш керек. Мен бул көрүнүшкө каршымын.

Мусулмандарга каршы маанай байкалып жатат. Евробиримдик өз саясатын өзгөртүш керек деген сөздөр көп айтылууда. Жергиликтүү калктын мигранттарга каршы маанайы байкалууда.

“Азаттык”: Гезиттерге чыгып жатабы?

Улукбек Омоев: Гезиттерге, журналдарга чыгып жатат. Менин кесиптештерим, студент балдар да ушинтип айтып жатышат. Негизи француз эли бардык башка элдерге толеранттуу мамиле жасап келчү. Мурда терс маанай сезилчү эмес. Ал эми ушул окуядан кийин терс маанай байкалып жатат. Менимче Франция мурдагыдай болбойт го. Саясатын өзгөртөт болуш керек.

“Азаттык”: Демек Франция үчүн чоң сокку болгон турбайбы?

Улукбек Омоев: Ооба, катуу сокку болду. 50-жылдары терракт болгон. Ошондон бери мындай болгон эмес экен.

Калининграддагы кыргыздар тарткан түйшүк

Калининграддагы кыргыздар көбүнчө соода-сатык тармагында иштешет

Орусиянын эң алыскы Калининград шаарында миң чамалуу кыргызстандык жашайт. Алар көбүнчө курулушта жана соода-сатык тармагында иштешет.

Жаңы жылдан кийин мигранттарга мыйзамдардын катаалдануусу жана рублдин наркынын төмөндөшү кыргызстандыктарды мекенине кайтууга мажбурлоодо. Калининграддагы кыргыз диаспорасынын башчысы Марат Аманбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Калининграддагы мекендештер Орусия бийлигинин мигранттарга карата мыйзамдарын катаалдантуусун кандай кабыл алышты?

Аманбаев: Кыргызстандыктардын 30% өз алдынча соода-сатык менен эмгектенишет, ошончо пайыздайы орус жарандыгын да алып алышкан. Ошондой эле курулуш тармагында, кызмат көрсөтүү жагында жалданып иштеген мигранттар да бар, короо шыпыргандар да жок эмес.

Бизде иштеген мигранттардан патент сатып алып, мыйзамдуу иштегени азыраак. 50% деп койсом да болот. Калгандары башка бирөөлөрдүн документтери менен иштешет. Патенттин бир жылдык баасы 15-16 миң рубль, бул ортомчулардын кошкон акчалары менен кошо. Андан тышкары ай сайын миң рублден төлөшөт.

Орус мыйзамдары боюнча 90 күндөн кийин сыртка чыгып келиш керек болсо, аны деле аткарбагандары бар. Анткени "чыксам жолдон кармап алып, депортация кылып жиберет" деп чочулашат. Калининграддагы кыргыздар жаңыдан өзгөртүлгөн мыйзамдардагы талаптарга даяр эмес.

“Азаттык”: Кыргыздардын ынтымагы, жергиликтүү бийликтин силерге жасаган мамилеси кандай?

Аманбаев: Кыргыздар ынтымактуу. Жакшылык-жамандыктарда биримдиктүү иш алып барышат. Чогулуп, жыйындарды өткөрүп турабыз. Жамандык болуп, бир мекендеш кайтыш болсо, биргелешип акча жыйнап, жардамдашып, сөөктү Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшөбүз. Жергиликтүү бийлик менен да мамилебиз жакшы. Майрамдарда кыргызстандыктардын диаспорасы катары маданий программаларды даярдап, иш-чараларына катышып турабыз.

“Азаттык”: Калининградда орточо айлык акы канча?

Аманбаев: Негизинен биздин мекендештердин иштеп тапкан айлык акысы орто эсеп менен 400 доллар. Ошондуктан мигранттар өздөрүнүн иштөө мөөнөтүнө ылайыктап дагы башка жумуш таап алышат. Ошентип жалпысынан бир айда 700-800 доллар табууга болот.

Бирок акыркы айларда рублдин куну төмөндөп кеткенине жана экономикалык кризиске байланыштуу жумуштан кыскартуулар көп болуп жатат. Ушундан улам кыргызстандык мигранттардан “мекенге кайтсак” деген сөздөрдү көбүрөөк уга баштадым.

Жашоодон үмүт үзгөн балдардын саны өстү

2014-жылы өлкө боюнча 93 өспүрүм өз жанын кыйган. Алардын 25и Жалал-Абад облусунда катталган. Өспүрүмдөрдүн өз өмүрлөрүн кыйып жатышына тынчсызданган адистер бул маселеге мамлекеттик деңгээлде маани берүүгө убакыт жетти деп коңгуроо кагып жатышат.

Тахминанын эжеси Алина мындан бир жыл мурун өз жанын өзү кыйган. Ал 18ге эми чыкмак. Он гүлүнүн бири ачыла элек кезинде кызынан ажыраган ата-эне, туугандары “эмне үчүн?” деген суроого бүгүнкү күнгө дейре жооп таппай убара.

Алина көпчүлүк өспүрүмдөрдөй эле өткөөл курактын туталанма мүнөзүнөн куру эмес болгон экен. Ата-энеси менен уруш-талаш болуп турчу. Кийинчерээк талма оорусу пайда болуптур. Тахмина оор үшкүрүп, буларды айтып берди:

- Үйдөгүлөр менен көп урушчу. Биз эжемди такыр түшүнчү эмеспиз. Анын үстүнө талмасы бар болчу, көп дарыгерлерге кайрылды, алар деле кандай оору экендигин так айта алышкан жок. Мен кээде ошол оору, пикир келишпестик, уруш-талаштар топтолуп отуруп, суицидге алып келди окшойт деп ойлоп калам. Өлгөндүкү оңой эле экен, бирок анын туугандары кыйналат турбайбы. Биздин үй-бүлө тарткан азапты эч бир адамга каалабайт элем. Мен ушул күнгө чейин "кантип адамдар жакындарын ойлобой, өмүрүн кыйышат? Кантип буга алардын эрки жетет" деп ойлой берем.

Өспүрүмдөр арасында өз жанын өзү кыйуу акыркы мезгилде кадыресе көрүнүшкө айланып бараткансыйт. Маселен, өткөн жылы Жалал-Абад облусунда 25 өспүрүм өмүрү менен кош айтышкан. 2013-жылы ушул эле облуста 27 өспүрүм өз жанын кыйган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын коомдун коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Шатманалиевдин айтымында, суицидге барган балдардын дээрлик бардыгы бардар үй-бүлөдө өскөн. Ушул тапта алардын өлүмүнүн себептери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат:

- Өткөн жылы суицидге барган 25 баланын ичинен бирөө гана кат жазып кеткен. Бирок ал катта да өлүмүнүн себебин түшүндүргөн бир да сөз жазылган эмес. Болгону ал бала ата-энесинен кечирим сураган. Биз ар бир баланын жакындарын сурап, себептерин билүүгө аракет кылып жатабыз. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, көбүнчө балдардын өлүмү жөнөкөй себептерден келип чыгат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылы 600дөн ашык адам өз өмүрүн кыйган. Билим берүү министрлиги алардын 93ү өспүрүмдөр экенин билдирди. Бул бир гана расмий маалыматтар, ал эми чындыгында алардын саны мындан көп болушу мүмкүн.

Суицидге кандай себептер алып келет?​

Эң оболу түрдүү турмуштук жагдайлар себеп болушу ыктымал. Биринчи кезекте балдардын ата-энеси, окутуучулары менен болгон пикир келишпестиктери, жакшы көргөн адамдары менен мамилесинин бузулушу өз жанын кыюуга себеп болуп жатат.

Мындан сырткары психологдор балдар өзгөчө өткөөл куракта өз өмүрүн кыйууну анчейин деле этибар албай, болгону жакындарын коркуткусу келгенин айтышат. Суицидге барган өспүрүмдөрдүн 12-15% ушул себепке таянганын иликтөөлөр көрсөткөн. Шаардык психиатр Кеңешбек Үсенов ата-эне балага өзгөчө өткөөл мезгилде сөзсүз көңүл буруп, сүйлөшүш керектигин белгиледи:

- Көпчүлүк ата-энелер баланын кийим-кече, курсагынын камын ойлоп эле ага жетишээрлик деңгээлде көңүл бурушпайт. Бала менен сөзсүз сүйлөшүп, анын көйгөйлөрүн угуш керек. Балдар өздөрүнө көңүл бурдуруу максатында, "мен өлүп эле калсам болмок, өзүмдү өлтүрөм" деп коркутканда ата-энелер көңүл бурбайт. Мындай учурга сөзсүз көңүл буруш керек.

Мындан сырткары айрым адистер бул маселени мамлекеттик деңгээлде карап, көйгөйдү алдын алуу үчүн, тез арада тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтышат.

Деген менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында, адамдардын психологдорго кайрылбаганы да буга себеп болууда:

- Чындыгында психологиялык жактан кызмат көрсөтүү Кыргызстанда аксайт. Көпчүлүк балдар ата-эне, жакындарына айта албаган маселелерин атайын психологго айтса, бул да болсо суициддин санын кыскартмак. Бирок биздин эл психолог десе эле оорукчан адамдар барат деп түшүнүп, аларга кайрылышпайт.

Министрлик 2009-жылдан бери суициддин санын азайтууга аракеттенип, алдын алуучу чараларды көрүүнү өкмөттөн өтүнүп келатат. Өкмөт өз кезегинде бул маселени колго алуу баскыч-баскыч аркылуу ишке ашарын убада кылганы менен, кырчындай жаш өмүрлөр өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Ал эми бул жерде дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердеги суициддин абалы көрсөтүлгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG