Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:05

Кыргызстан

Жоопкерчиликти унуткан депутаттар

Кыргыз парламенти

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин ишине катышпаган кесиптештерин мандатынан ажыратуу демилгесин көтөрүүдө.

21-январда Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаты Нариман Түлеевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин чыгарды. Ал арада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин ишине катышпаган эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратуу демилгесин көтөрүп чыкты.

Кыргыз парламентиндеги депутаттардын жоопкерчилиги кандай, аларды тартипке чакырган мыйзам же эреже барбы жана башка суроолорду “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылдык. Талкууга Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров жана “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин директору Рита Карасартова катышты.

“Азаттык”: Максат мырза, демейде депутаттарды чакырып алуу талабы шайлоочудан же башка саясий күчтөр тарабынан көтөрүлчү эле, сиз өткөндө өз фракциялашыңыз депутат Обдуновду алты айдан бери сессиядан көрө элекмин деп тартипке чакыруу талабын койдуңуз, ага эмне себеп болду?

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:44 0:00
Түз линк

Максат Сабиров: Биз парламенттик башкаруу деп жаңы жолду тандап алгандан кийин жаңыланууга барып, ишибизди ирээтке салуубуз керек. Мисалы, менин депутат Обдуновго жеке дооматым жок. Бирок мен фракцияга жетекчи болуп келгенден бери Обдуновду бир да жолу көргөнүм жок, жыйналыштарга катышканын да байкабадым. Ал жерде башка депутаттар жөнүндө да кеп болгон. Мен муну парламентте, фракцияда тартип болсун деген ниетте айтып чыккам.

"Азаттык": Деги депутаттардын парламентке келип-кетишин, иштешин ким көзөмөлгө алат, ким жоктойт?

Максат Сабиров: Негизги көзөмөлдү Этика боюнча комитет жүргүзөт. Андан кийин атайын “чип” дегенди киргизишкен, бирок ал дагы өзүн актаган жок... Бизде эл арасында депутаттар иштебейт көп айтылып калат. Биз иштеген төрт жылда эң негизги жетишкендик өлкөдөгү стабилдүүлүк болду. Анткени жер-жерлерде маселелерди, көйгөйлөрдү ким айтып жатат? Депутаттар. Бардык нерсе парламент ичинде болуп жатат. Депутаттар чет өлкөлөрдө жүрүшөт деп калат. Биз парламенттик башкарууга өтүп жаткандан кийин алардан окуп, үйрөнүп келип жатабыз...

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
Түз линк

Рита Карасартова: Этиканы караган комитет, регламент бар дешет. Булар, депутаттар өздөрү жазган мыйзамдарды өздөрү бузат. Биз бейөкмөт уюмдар мыйзамдын бул жерин бузуп жатасыңар деп канча жолу айттык, уккан киши жок. “Парламент иштеп жатат” дешет, карасаң залда 30 эле киши отурат...

Эки депутаттын иштебей тапкан үч миллиону

Акматбек Келдибековдун орточо айлыгы 80, Нариман Түлеевдики 55 миң сомду түзөт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев абакта жаткан 2 жыл, 7 ай аралыгында 1 млн. 730 миң сом, кылмыш иши козголуп учурда чет өлкөдө дарыланып жүргөн Акматбек Келдибеков ишке чыкпаган 1 жыл, 2 ай аралыгында 1 млн. 120 миң сом айлык алган.

Келдибековдун айлыгы 80 миң сом..

Акматбек Келдибековдун орточо айлыгы 80, Нариман Түлеевдики 55 миң сомду түзөт. Маалыматка ылайык, алардын айлык акылары депутаттардын жакындарына которулган. Мындан тышкары алардын бирден жардамчысы жана кеңешчиси да ушул убакыт аралыгында кадимкидей маяна алып турган. Парламенттеги эркин депутат Равшан Жээнбеков депутаттардын иштебесе да айлык алышына мыйзам жол бергени менен, алардын жардамчы, кеңешчи жана айдоочусунун маяна алып жатышын мыйзамсыз деп эсептейт.

Учурда чет өлкөдө дарыланып жүргөн депутат Акматбек Келдибеков
Учурда чет өлкөдө дарыланып жүргөн депутат Акматбек Келдибеков

- Иштебеген депутаттардын жардамчыларынын маяна алышы, өзү жок депутаттын унаасынын айдалышы, айдоочусунун айлык алышы акылга сыйбайт. Жылына ар бир депутатка 6 миллион сомдой жумшалат. Бул абдан көп. Биз ашыкча чыгымдарды кыскартуубуз зарыл. Депутат болобу, министр болобу эч убакта учакта бизнес-класс менен учпашы керек. Биз каржылык кыйынчылыкка кептелип, каражат тартыш болуп жатканда үнөмдүү жашаганга үйрөнүшүбүз керек.

Убагында Жээнбеков баштаган айрым эл өкүлдөрү мыйзамчыларга кеткен ченемсиз каражаттарды кыскартуу демилгесин көтөргөн бирок ал колдоо тапкан эмес.

Бир депутатты багууга 6 миллион сом кетеби?

Парламентке жыл сайын 720 млн. сомдой бөлүнөт. Аны 120 депутатка бөлө келгенде ар бирине 6 миллиондон туура келет. Ар бир депутатка 30 миңден 100 миңге чейинки айлык, бирден кеңешчи жана жардамчы бөлүнөт. Мындан сырткары ар бирине кызматтык унаа айдоочусу менен, үйү жокторго батир каралган. Телефондук сүйлөшүүлөргө унаанын майын кошкондо ар бир депутат айына кошумча 10 миң сомдон алат. Эл өкүлүнүн аймактарга, чет өлкөлөргө болгон сапары, саламаттыгын чыңдоосу да мамлекет тарабынан каржыланат.

Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Жогорку Кеңешитин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнура Алтыбаева иштебеген депутаттардын маяна алышына каршы, бирок мыйзамдарда жазылган күнөөсүздүн презумпциясы түшүнүгүн эстен чыгарбоого чакырат.

- Бул маселени кайрадан кароо керек. Бирок азыркы мыйзамдарда ушундай жазылган. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жана регламенти тууралуу мыйзамдарда ушундай нормалар каралган. Ал тургай Баш мыйзамда депутат сот тарабынан күнөөлүү деп табылмайынча анын айлыгы берилет. Күнөөсүздүн презумпциясы концепциясына ылайык, кылмыш иши козголгон депутаттардын маяналарын берип жатабыз.

Алтыбаева кошумчалагандай, ар бир депутатка 6 миллион сомдон сарпталат деген туура эмес, бул каражаттан парламенттин аппарат кызматкерлерине да бөлүнөт.

Шефин жоктотпогон жардамчылар

Келдибеков менен Түлеевдин кеңешчи, жардамчылары эмне иш кылат деген суроо өзүнөн өзү жаралат. “Ата-Журт” фракциясынын катчылыгынын башчысы Нурсейит Нарматов депутаттардын жардамчылары кожоюнун жоктотпой иштеп жатат деп ишендиргени менен конкреттүү эмне кылып жатканын айта алган жок.

- Түлеевдин мандаты кечээ эле алынды. Келдибеков депутаттык мандаттан ажырай элек. Ошол себептүү, алардын жардамчылары да айлык алып, иштеп жатышат. Бул жакта аппараттын өзүндө да алар жасай турчу иштер бар.

Депутаттын бирден кеңешчиси жана жардамчысы айына орточо 20 миңден айлык алат. Башкача айтканда, экөөнө бир депутаттын айлыгындай каражат кетет.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

“Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков мугалимдер, врачтар жана милициялар жарыбаган маяна менен иштеп жатканда депутаттардын иштебесе да мамлекет эсебинен жашаганы акылга сыйбайт деп эсептейт.

- Бул боюнча парламенттин аппарат башчысы эчак чечим кабыл алып, айлыктарын токтотушу керек эле. Тилекке каршы, кайдыгерликтин айынан бюджеттен каражат кетип жатат. Келдибеков да, Түлеев да жарды адамдардан эмес. Эгер экөө тең айлыгынан баш тартып койсо мырзалык болмок.

Нариман Түлеев калаа башчысы болуп турганда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып менен 2012-жылдын 22-июнунда камакка алынган. Бишкек шаардык соту райсоттун чечимин күчүндө калтырып, аны 11 жылга абакка кескен. 21-январда БШК Түлеевди депутаттык мандаттан мөөнөтүнөн мурда ажыратты. Коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча шектелген парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 2013-жылдын 20-ноябрында камакка алынган. Ал 2014-жылдын августунда Биринчи май райондук сотунун чечими менен чет өлкөгө дарыланууга кеткен. Азыр анын Дубайда экени, жакында кайтып келери айтылууда.

Поездден секирткен "кара тизме"

Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарып берүүнү убада кылган фирмалар пайда болгону айтылууда.

Орусияда “кара тизмеге” алынган айрым кыргызстандыктар кайра кетүүнүн ар кандай айла-амалын издеп жатат.

Бирок алданып калып, акчасынан да, ден соолугунан да айрылып калгандар арбын. Ушул тушта темир жол бекетинде "кара тизмедегилерди" Орусияга жеткиргенге жардам беребиз деген шылуундар пайда болду.

Гүлназ Халмурзаева Москвада жети жылдан бери иштеп жүргөн. Былтыр ден соолугуна байланыштуу Бишкекке келип, дарылангандан кийин “кара тизмеге” киргендиктен Москвага кете албай калган. Былтыр декабрдын ортосунда темир жол бекетинен Айтмарек аттуу адам менен таанышып, ал Орусияга жеткирүүгө жардам берерин айтып, бул үчүн 45 миң сом сураган. Гүлназ дагы үч киши болуп тобокелге салып, жолго чыккан экен:

- Ал бизге "Казакстандан силерди тосуп алышат, казак-орус чек арасынан ат менен өтөсүңөр, такси Оренбургга чейин алып барат, андан ары Москвага чейин билет алып, поездге салып жиберет" деп айтты. Бирок Казакстанга барганда андай болбой калды. Ал жакта Ак-Дөбөдө Казакстандагы кишилер тосуп алды. Бир үйгө алып барышты. Ал жерде эки күн түнөдүк. Жекшемби күнү чек арага барсак "эки күн мурун эки адамды жөө өткөрдүк эле, ошолордон жооп келгенде силерди да жөө өткөрөбүз" дешти. Биринчи күнү бизге “жөө өткөргөн кишилер чек арачыларга кармалып калыптыр, силерди поездге салабыз, поездден секиресиңер” дешти. Биз аябай корктук. Бул жактан секирбегиле деп айтышкан эле. Казакстандагы киши “коркпогула, чек арадан өткөндөн кийин поезд акырын жүрүп берет, секирип кетесиңер” деди. Бизди Уральск-Алматы поездине салышкан. Илецкий станциясында текшерилбейт экен. Ал жерден өткөндөн кийин поезддеги коштоочу адам күтүп алат деген таксилерге чалды, бирок алар телефонун алган жок. Чек арачылар колчырак менен жарык кылганда "таксисттер белги берип жатат, секиргиле" деп айтты. Поезд катуу жүрүп бараткан. Ал биринчи мени ыргытып жиберди. Андан кийин Нурия деген кызды, андан кийин биз менен бараткан күйөөсү менен аялды ыргыткан.

Жабырлануучу Гүлназ Калмурзаева.
Жабырлануучу Гүлназ Калмурзаева.

Натыйжада Гүлназдын мээси чайкалып, оозу жырылган, буту да кокустаган. Жанындагылар да денесинен жаракат алган. Алардын баары орус чек арачыларга кармалып, акчасынан да, ден соолугунан да ажырап, көрбөгөн азапты көрүп, бир ай дегенде араң мекенине кайтып келишкен:

- Мени ыргытып жибергенден кийин бир саат эс-учумду билбей жатыптырмын. Дароо ооруканага алып барышыптыр. 18-декабрда сот болду. Соттун чечими күчүнө киргиче 10 күн жатасыңар деп, Оренбургдагы атайын жайга алып барышты. Ал жактан менин абалым аябай оорлоп, тез жардам менен ооруканага алып барышты. Ал жакта беш күн эсиме келе албай жаттым. Ооруканадан он күндөн кийин чыгарышты. Атайын жайга алып келишти. Бизге ачыган тамак берип атышты. Ачка да жаттык. Көрбөгөндү көрүп кыйналдык. Кайра өзүбүздүн акчабызга билет алып кайтып келдик.

Поезд катуу жүрүп бараткан. Ал биринчи мени ыргытып жиберди.

Гүлназ Бишкекке келгенден кийин тартип коргоо органдарына кайрылган. Ал Орусияга жеткиргенге жардам берем деген Айтмарек деген адамды милициянын оперативдүү кызматкерлерине карматкан:

- Атайлап колго түшүрүү үчүн амал ойлоп карматтык. Менде ал кишинин номери бар эле, чоочун бирөө болуп чалып, “агамды салыпсыңар, ал чек арадан жакшынакай өтүп Москвада иштеп жатат, эми мага жардам бересиңерби” десем, “миң доллар берсең өткөрөм, азыр мен темир жолдо эмесмин, Ош базарга кел” деди. Ош базарга барып колго түшүрдүк. Машинага алып келишкенде мени менен саламдашкан жок. Кечээ болсо үйгө келип, “акчаңды бербейм” деп айтып жатат.

Биз да бул киши менен "Орусияга кеткенге жардам керек" деген шылтоо менен байланышып көрдүк. Ал болсо көзмө-көз жолугуп сүйлөшүүнү сунуштады, өзү чалам деген менен кайра байланышка чыккан жок:

- Силер 1-2 сааттан кийин чалсаңар, жолугуп, бетме-бет сүйлөшөбүз. Телефондон болбойт. Мен өзүм чалам.

Темир жол милициясынын башчысы Виктор Малышевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Гүлназдын окуясы боюнча кылмыш иши козголгону жатат. "Кара тизмеге" илингендерди темир жол аркылуу Орусияга жеткирүү боюнча ушул гана факт катталды:

- Бул материалды биз каттоого алдык. Кылмышка шектүүлөр аныкталды. Бирөө камалды. Дагы бирөө, поезддин коштоочусу да камалат. Мындай азырынча бир эле факт катталды. “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иш козголот. Бирок ошол кыз өзү “кара тизмеде” экенин билип туруп, ошондой жол менен кетүүнү чечкен. Алданып калаарын да ойлонушу керек болчу. Биз бул кылмыш ишти тергейбиз. Поезддин коштоочусуна билетсиз жүргүнчүнү салып, зыян келтиргени боюнча да айып тагылат.

“Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов мындай окуялар көп экенин айтууда. Анын эсебинде ушундай жол менен барып кармалып калган жарандар саны кырктан ашты:

- Казак-орус чек арасынан өткөрө албай "секирип, же болбосо башка жол менен өтөсүңөр" деп, вагондон түртүп жиберген фактылар көбөйдү. Алдап, 20 миңден 50 миң сомго чейин алып, акчасынан да айрылып, камакка да отуруп, ден соолугуна да залал келтирген жарандарыбыз кайтып келип жатышат. Баары эле темир жолго барганда ортомчуларга жолугуп, ошолор аркылуу кеткенин, ортомчулар ачык эле иштеп жатканын айтып жатышат. Биздин иликтөөбүз боюнча үч кылмыштуу схема түзүлүп иштеп жаткандай.

Буга чейин Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарып берүүнү убада кылган фирмалар пайда болгону айтылган жана көрсөткөн кызматы үчүн 20 миң сомго чейин алып жатканы маалымдалган. Өкмөт жарандарды мындай фирмаларга алданып калбоого чакырган.

Украина: Макулдашуудан кийинки жардыруу

Донецкте троллейбус аткыланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Донецк шаарында аялдамада болгон бүгүнкү жарылуудан жетиден он үчкө чейин кишинин өмүрү кыйылды. Украин жана орус бийликтери снаряд троллейбуска тийгени үчүн бири-бирин айыпташты.

Мунун алдында Украина боюнча Германияда өткөн кризистик сүйлөшүүдө уруш тилкесинен оор куралдарды чыгаруу жагы макулдашылган болчу.

Украинанын чыгышындагы майдан тилкесинен оор куралдарды чыгаруу маселеси Орусия, Украина, Германия, Франция тышкы иштер министрлеринин шаршемби түнү Берлинде болгон кризистик сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыяланды.

Жыйындын конок ээси, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Берлинде макулдашылгандарды Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу аракеттериндеги “бурулуш” эмес, "жылыш" деп атады:

- Жериндеги кырдаалды өзгөртүү биз жаңы эле кагаз жүзүндө макулдашкандар турмушка кандай ашарына жараша болот. Мунун жообун биз жакынкы күндөрү алабыз. Оор техникаларды чыгаруу чынында кандай жүрүп жатканын, байланыш тобунун жыйынынан кийин билебиз. Биз ушуга, айрыкча Чыгыш Украинадагы жикчилдерге таасир көргөзүү рычагын колдонууга бүгүн макул болгон Орусияга көз карандыбыз.

Орусия, Германия, Украина жана Франция тышкы иштер министрлери. Германия
Орусия, Германия, Украина жана Франция тышкы иштер министрлери. Германия

Немис тышкы иштер министри Штайнмайер кошумчалагандай, Берлиндеги макулдашууну аткаруу мөөнөтүн жана калган чоо-жайын Орусия, Украина, ЕККУ өкүлдөрү кирген “байланыш тобу” талкуулайт.

Төрт тышкы иштер министрдин сүйлөшүүсүндө Минскиде былтыр сентябрда түзүлгөн тынчтык келишимде көргөзүлгөн демаркация тилкесинен оор куралдарды 15 чакырым ичкериге алып кетүү жагы макулдашылган.

Бул макулдашуу, украин тарап ырастагандай, орусиячыл жикчилдер уруш талаасындагы оор куралдарын жана согушкерлерин көбөйткөн учурга туш келди.

Украин президенти Петро Порошенко кечээ Давосто, Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып, анын өлкөсүнүн аймагында орус аскерлеринин саны тогуз миңге жеткенин, алар өлкөнүн 7% аймагын “оккупациялап” турганын айткан:

Петро Порошенко
Петро Порошенко

- Украина азыр агрессивдүү кол салууга кабылды. Бул агрессия Крымды кошуп алгандык эле эмес. Бул Донецк менен Луганскта биздин 7% аймагыбыздын оккупацияланышы. Муну чечүүнүн жолу абдан жөнөкөй. Курал жана ок-дары менен жабдууну токтотуу. Чек араны жаап, аскерлерди алып кетүү. Абдан эле жөнөкөй тынчтык план. Эгер сиз мындан башка нерсени талкуулоону кааласаңыз, сиз анда тынчтыкты эмес, согушту көздөгөнүңүздү туюндурат.

Бул аралыкта Украинадагы кырдаал кечээ кечинде БУУнун Коопсуздук кеңешинде да кайрадан сөз болуп, анда Орусиянын украин президенти Петро Порошенко четке какты деген тынчтык планынын айрым өңүттөрү ачыкталды.

АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Саманта Пауэр жыйында сүйлөп жатып:

- Ал план Орусияны согушкерлерди чыгарып кетүү, эл аралык чек араларга көзмөлдү Украинанын өзүнө кайтарып берүү боюнча Минскиде алган милдеттенмелерден бошотот. Ал план жикчилдер былтыр сентябрдан бери ээлеген, орус аскер кызматчылары менен техникасы турган аймактарды мыйзамдаштырууга умтулат. Биз мындай тынчтык пландарды Абхазиядан, Түштүк Осетиядан, Приднестровьеден көргөнбүз. Келгиле, Путиндин тынчтык планынан кетейли да, аны Орусиянын оккупациялык планы деп атап койолу. Биз колубузда турган, Орусия кол коюп жана бузган планды аткарышыбыз керек, - деди.

Өз кезегинде Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин АКШнын украин кризисиндеги ролун “деструктивдүү” деп атап, Минск тынчтык келишими аткарылбай жатканы үчүн расмий Киевдин өзүн күнөөлөдү:

- Донбасстагы кырдаалдын азыркы курчушу капыстан эмес. Элдешүү мөөнөтү учурунда украин тарап, Минск келишимдерин бузуп, түштүк –чыгыштагы аскерий кубатын арттырып келди. Милитаризация күчөдү. Улам бир мобилизация жарыяланып, Киевде 2014-жылдагы жеңилүү үчүн реванш алуу чакырыктары айтылып жатты. Буга кошумча Киевдеги “согуш партиясын” жигердүү колдогон айрым өлкөлөр Украинага аскерий мүнөздөгү продукцияны жоопкерчиликсиз берди. Акыркы күндөрдөгү окуялар - Киевдин ички саясий жаңжалды аскерий жол менен чечүү багытын улантуу аракети.

Донецк: Өкмөттүк күчтөр аэропорт терминалынан чегинди

​Бүгүн орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецкте коомдук транспорт токтоочу аялдамадагы жарылуудан кеминде жөн-жай жети кишинин өмүрү кыйылды. ЕККУнун байкоочулары жарылуу болгон жерден жети кишинин сөөгүн көргөнүн, жикчилдер менен медициналык кызматкерлер болсо 13 киши өлгөнүн айтышууда. Маалыматтарга караганда, троллейбуска артиллериядан же минометтон атылган снаряд тийген.

Украинанын Коргоо министрлиги Донецк аэропортунун айланасында уруш уланып жатканын, аэропорттун айрым бөлүктөрү азыр деле өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө экенин маалымдады. Бирок өкмөттүк аскерлер аэропорттун дээрлик талкаланып, урандыга айланган терминалынын имаратынан чегинген.

Туткунга түшкөн украин аскерлери тролейбус жарылган жерге алынып келинген учур. 22-январь, 2015-жыл.
Туткунга түшкөн украин аскерлери тролейбус жарылган жерге алынып келинген учур. 22-январь, 2015-жыл.

Билдирүүдө көргөзүлгөндөй акыркы 24 саатта аэропорт айланасындагы жана башка жерлердеги уруштардан украин тарап 10 аскерин жоготкон.

Ал эми аэропорттогу уруштарда жаракат алган 16 жоокер козголоңчуларга туткунга түшкөн. Орусиячыл жикчилдер бүгүн аларды Донецкте жарылуу болгон аялдамага алып келип, ошол жерде тизелеп турууга мажбурлашты. Кыжырланган жарандар туткундарга кол көтөрүштү.

ЕККУ уюмунун эсебинде, Украинанын чыгышында былтыр апрелде уруш башталгандан бери өмүрү кыйылгандардын саны 5000ден ашып кетти.

Чет өлкөдө билим алуунун жолдору көп

Британиядагы Оксфорд университети

Кыргызстандык жаштардын көбү чет өлкөдө билим алууга кызыгат. Интернет менен технологиянын заманында буга жол ачык, ондогон, балким жүздөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.

Дүйнөнүн алдыңкы АКШ, Европа, Жапония, Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрүндөгү окуу жайларга өтүүнүн жол-жобосу кандай? Бул үчүн даярдыкты эмнеден баштоо керек?

Билим берүү министрлигинин соңку маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын 13 миңге жакын жараны чет мамлекеттерде билим алууда.

Министрликтин эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Сонун Адрешованын айтымында, анын ичинде ондон ашыгы Орусияда.

- Бул мектеп окуучуларынан баштап, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери жана биздин ал жактагы журтташтардын балдары. КМШ өлкөлөрүн алсак, Казакстанда, Беларуста, Тажикстанда окуп жаткан балдарыбыз бар. Түркияда контракттык жана бюджеттик негизде бир жарым миңдей жараныбыз окуп жатат. Европанын Германия, Австрия, Англия өлкөлөрүндө билим алгандар көп. АКШда, Кытайда окуп жатышат. Ошонун баарын алганда контракттык, гранттык негизде, бул жактагы DAAD, Tempus Tacis​, Erasmus Mundus, IREX, Fulbright, ACCELS жана башка программалар аркылуу кетип, окуп жаткандардын баарын алганда, 13 миңден ашык жарандарыбыз чет мамлекеттерде билим алууда.

Соңку эки жылдын ичинде Бишкекте чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларына гранттык негизде өтүүгө даярдаган бир нече жеке уюмдар пайда болду. Алардын бири - Бишкектеги Career Ambassador фонду.

Ачылганына бир жарым жыл убакыт боло элек бул фонддун жетекчиси Айнура Чолпонкулова гранттык негизде окууга өтүү үчүн даярдануу жараяны эң аз дегенде жарым жылга созуларын айтты:

- Биз жаштарды мүмкүн болушунча эртерээк баштоого чакырабыз. Анткени биздин өлкө мурдагы билим берүү системасы менен иштеп жатат. Албетте бардык окуу жайлар эмес. Чет өлкөлүк ЖОЖдорго толугу менен гранттык негизде окууга тапшыруу талаптары биздеги окуу жайлардын талаптарынан айырмаланат. Ошондуктан бизге кайрылгандарды кайрадан окутууга туура келет. Алар алгач биздин автордук тренингдерден өтүшөт. Анткени жаштар кыска убакытта окууга тапшыруунун жол-жобосун билишпейт. Биз аларга коммуникация, презентация жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча көнүгүүлөрдү үйрөтөбүз.

Айнура Чолпонкулова аларга кайрылгандардын көбү өздөрү бир нече жолу аракет кылып, бирок окууга өз алдынча өтө албай, алдына койгон максатына жетем деп, күндөп-түндөп аракеттенгендер экенин белгилейт.

Айнура Чолпонкулова
Айнура Чолпонкулова

- Биз текшерип жаткан учурда көпчүлүк адамдар эссесинде же мотивациялык катында өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтө албаганын көп байкайбыз. Көпчүлүк окууга тапшырып жаткандар өз аргументтерин так жана конкреттүү баяндап берүүгө сынчыл ой жүгүртүү жетишпей калганын практика көрсөтүүдө. Биз тренингдерде дал ушул нерсеге жана академиялык кат жазууга үйрөтөбүз.

Көп учурда адамдар англис тилин абдан жакшы билишет, бирок баш-аягы жок эсселерди жазышы мүмкүн. Тактап айтканда, жалпы фразаларды, мурдатан колдонулуп, жедеп эскирген жана "штампка" айланган нерселерди жазышат. Анан өтпөй калса, "мен тилди жакшы билем, эссени деле жакшы жазгам, эмне болуп кетти?" деп түшүнбөй калышат.

"FLEX: Келечектеги лидерлерди алмашуу" программасы орто мектептин окуучуларына багытталган. АКШ өкмөтү каржылаган программанын алкагында Американын мектептеринде бир жыл окуп, америкалык үй-бүлөлөрдө жашоого мүмкүнчүлүк берет.

Программага орто мектептеринин 9, 10, 11-класстарынын окуучулары катыша алат. Тандоо катышуучунун лидерлик потенциалын жана алмашуу программага ийгиликтүү катыша аларын аныктоону мүмкүн кылган бир нече параметрлердин негизинде жүргүзүлөт.

Программадан өтүү үчүн жалгыз гана англис тилин билүү жетишсиз, ал үчүн балдардын ата-энелеринин моралдык жактан колдоосу жана балдардын ички сапаттары да каралат дейт FLEX программасынын Кыргызстандагы координатору Алия Суранова:

- Албетте көп ата-эне балдарын жалгыз алыска жиберүүдөн коркот, алар үчүн биз атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Ал эми айрым ата-энелер башынан эле абдан колдоп, баласынын даярдыгына кичинесинен тарта аябай көңүл бурушат. Мисалы, Сузактан бир ата-эне кызын алыскы айылдардын биринен күнүгө өздөрү алып келип, аябай колдоо көрсөтүп жатышты. Орто жашаган үй-бүлө экен, кызына болгону англис-орус сөздүгүн сатып беришиптир. Ошону менен кыз өзү даярданып, үйүнөн күнү-түнү англис тилин окуп, жакшы өздөштүрүп калыптыр.

Биздин программанын аты эле айтып тургандай келечектеги лидерлерди алмашуу деп аталгандыктан бир нерсеге умтулган, АКШга барса да ошол жактан өзүн таштап жибербеген, ички сапаттары да күчтүү балдарды издейбиз. Биз жыл сайын 65ке жакын бала жөнөтөбүз. Ошонун баары англис тилин суудай билет дегенден алыспыз. Эң негизгиси ошол чоң дүйнөгө даяр болушу керек.

Мындай даярдоо курстарынан башка, өздөрү өз алдынча даярданып, тил үйрөнүп, изденип чет өлкөлөргө окуу жайларга өтүп, ал жакта окуп жаткан кыргызстандыктар да аз эмес. Алардын бири - Баатыр Алымкулов. Баатыр эки ай мурда Германиядагы Эрфурт шаарында Эрфурт университетинин алдындагы Коомдук саясат университетинен илимдин чебери даражасын алды. Ал бизге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, Германиядагы окуу системасы жана ал жакка кантип өтүү керектиги тууралуу айтып берди.

Баатыр Алымкулов Германиянын Эрфурт шаарындагы Эрфурт университетин эки ай мурун аяктады. Ал чет жерде окуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
Германияга окууга өтүүнүн жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:36 0:00

Айзада Марат кызы учурда Бостон шаарындагы атактуу Гарвард университетинде юриспруденция боюнча магистратурада билим алууда. Айзада өткөн жылы Гарвард, Оксфорд сыяктуу дүйнөгө таанымал университеттерге карапайым кыргызстандыктар кайдан окусун деген стереотипти бузуп, өз күчү менен окууга өтүп, ал тургай окуу үчүн чыгымды дагы кантип жабуунун жолун тапкан. Ал дагы башкаларга жардам берүүгө ар дайым даяр экенин белгиледи.

- Мага Кыргызстандан көп балдар жазышат. Алар "биз сиз менен сыймыктанабыз, мен да окугум келет" дешет. Мен аларга жооп берип, кандай жардам керектигин сурайм. Бирок көбү ошондон ары токтоп калышат. Балким мен тууралуу окуганда бир аз шыктануу пайда болот го, анан ал тез эле жоголуп кетет окшойт. Менден кийин тапшырам деген каалоочулар көп болсо керек деп ойлогом. Бирок мен билгенден үчөө-төртөө гана тапшырды. Мен алардын эсселерин карап, болушунча кеңештеримди айтып, документ топтоо жагынан да жардам бердим.

Айзада Марат кызы
Айзада Марат кызы

Кызыгы, мага Казакстандан көбүрөөк жазышты. Байкаганыма караганда, казакстандык студенттердин даярдыгы күчтүүрөөк экен. Гарвардда көп кыргыздар окуса жакшы болбойт беле. Анткени башка мамлекеттерден канча студенттер окушат, бизден болсо мен жалгыз окуп жатканыма кейийм.

Негизи, албетте англис тилин жогорку деңгээлде билүү керек. Анан маселен, Гарвардга тапшырарда адистикти аныктап алган соң университеттин сайтында ар бир багыт боюнча кандай талаптар керек экени ачык-айкын жазылган. Ошол талаптар жазылган жадыбалды жатка билүү керек. Кайсы документтерди тапшырам, кайсы тесттерди берем деп аныктап, баарын жазып алып эле акыркы пунктка чейин акырындап, талыкпай ишке ашыруу зарыл.

Жолдошбек Осмон учурда АКШдагы Пенсильвания университетинин магистранты. Ал Кыргызстанда алыскы айылдардын биринде мектепте окуп жүргөндө англис тилин кантип үйрөнгөнүн, Пенсильвания университетине кантип тапшырып, окууга өткөнү тууралуу айтып берди.

Чет өлкөдө кантип окуса болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:00 0:00

Бишкектеги Career Ambassador уюмунун жетекчисчи Айнура Чолпонкулова чет өлкөдө окууну көздөгөн студенттерге университеттерге эмес, алар кайсы кесип боюнча окуганы баратканына көңүл бурууга чакырат.

Анын айтымында, рейтинги жогору болгон эле университеттин факультеттери жакшы болот деп айтуу туура эмес. Ошондуктан окуу жай тандап жатканда алгач университетти эмес, анын алдындагы мектепти (факультетти) тандоо керек. Анткени көпчүлүк окуу жайлар алдындагы мектептер жакшы болгон үчүн сапаттуу билим берет жана анын артында атактуулукка жетишет.

- Баарынан мурда чет элдик окуу жайга өтүү үчүн даярдык көп убакытка созуларын түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан эки же үч жыл мурун ойлонуп баштоо керек. Канчалык эрте ойлонсоңуз, ошончолук эртерээк пландай баштайсыз. Эгер бул мектептин жогорку класстарына тиешелүү болсо, алар өзүн ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет кылуу керек. Тактап айтканда, бул жөндөмдөрдү курстарга, тренингдерге жана өзүн өнүктүрүүчү программаларга катышуу менен өнүктүрүү керек. Ансыз чет өлкөдө университетке өтүү кыйын болот.

Көпчүлүк учурда биздин жаштар АКШ, Британия же Германиядагы окуу жайларда окууну каалашат. Бирок Австралияда абдан көп стипендиялык программалар бар. Ошол эле Канада, Жаңы Зеландия, Сингапур, Кытайдагы мыкты мектеп, университеттерде стипендиялык программалар бар. Ошондуктан мен абитуриенттер ушул өлкөлөрдү карап көрсө деп кеңеш берет элем.

Кыргызстандагы FLEX программасынын координатору Алия Суранованын айтымында, мектеп жашында чет өлкөдөн билим алып, дүйнө таанымы өзгөрүп келген балдар-кыздардын көбү кайра эле жогорку билимин да чет жактардан улантууну көздөшөт.

- Анткени алар бир жолу чоң нерсеге жетишкенден кийин аларда "мен жасай алам, менин колуман келет" деген күчтүү ички сезим пайда болот. Айылдагы орто мектепте окуган, жөнөкөй үй-бүлөнүн баласы өз күчү менен кичинекей кезинде эле чоң ийгиликке жетишип, чоң сынактан өтүп, АКШга барып, бир жыл окуп келүү деле оңой иш эмес. Өзгөчө ушундай жаш курагында дүйнө көрүп, чет элдиктер менен аралашып, тил үйрөнүп алгандан кийин ал балдарда жаңы нерселерге умтулуу пайда болот. Бир жерде отургулары келбей кысыла башташат. Европанын же Азиянын башка өлкөлөрүнө барып билим алуусун улантууну каалашат.

Алия Суранова
Алия Суранова

Бала каякта жашабасын, кандай мектепте билим албасын алдыга карай умтулуу, ички мотивация күчтүү болушу керек.

Эгер каалоо болсо баары мүмкүн, себеби азыр чек аралардын баары ачык, маалымат көп, абдан көп программалар бар. "Акыл айга жеткирет" деп коет эмеспи. Ата-энесинен колдоосунан да көп нерсе көз каранды, эч качан баланын шыгын сындырбай, бир жылы өтпөй калса, экинчи жолу алып баруу керек.

Биздин программанын биринчи туру жыл сайын биринчи сентябрда башталат. Биз гезиттерге жарыя беребиз. Районо, Гороно, мектеп жетекчиликтери менен тыгыз иштешебиз. Ар бир бала окуйм, жетишем десе жолдор табылат. Биздин программа аркылуу өтүү абдан реалдуу. Өткөндөрдүн арасында үй-бүлөлүк деңгээлдери, жашоо шарттары ар кандай, толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар бар. Баарынын мүмкүнчүлүктөрү бирдей.

Гарвард университетинин магистранты Айзада Марат кызы да эгер адамда максат, ага жетүүгө тынымсыз аракет, умтулуу болсо дүйнөнүн чар тарабына жол ачык деп ишенет.

- Гарвард эле эмес MIT, Оксфорд жана башка окуу жайлардын сайттарына кирип эле болгон маалыматты алып даярдана баштоо керек. Силерден башка кыргызстандыктардын колунан келгенден кийин силердин да колуңардан келет. Аракет кылып, өз кыялыңа умтулуу гана керек.

Айтылгандай эле ар бир өлкөнүн өзүнүн билим берүү программалары бар. Алардын өтө кеңири жайылгандары Германиянын өкмөтүнүн DAAD, АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган ACCELS, IREX жана FLEX жана жапон мамлекетинин JICA (Japan International Cooperetion Agency) программасы. Ошондой эле көптөгөн жеке фонддор, чоң корпорациялар, эл аралык уюмдар өнүгүп келаткан өлкөлөргө ар кандай стипендияларды берет. Бишкектеги Сорос фондунун АКШнын жогорку окуу жайларына, Ага хан корунун Канада, Батыш Европанын мыкты университеттеринде окуу акысын толук каржылаган программалары бар.

Кыргызстанды Жапонияга барганда тааныйсың

Бүгүн чыккан гезиттер Аида Салянованын отставкасына, Оторбаевдин маегине жана башка учкай жаңылык, макала, баяндарга орун беришти.

“Айат” гезити “Кадр маселесинин кадыры кетти” деген макаласы менен чынчылдыгы, принципиалдуулугу, эң назик жаралган аялзаты болсо дагы эркектерден кайраттуу, темирдей бекемдиги менен элге алынып кеткен өлкөнүн башкы прокурору Аида Салянова да саясаттын курмандыгы болуп, акыры отставкага кеткенин, буга дейре улуттук коопсуздугубузга түздөн-түз коркунуч келтирип жаткан коррупция менен кармашта карапайым калктын ырыс-кешигин, канын соруп келген далайлардын сазайын окутуп жаткан адамды президент өз мөөнөтү бүткөнчө иштетип алганда өзүнүн да орду бекем, элге да жакшы болмогун кейиш менен кеп кылып, бул боюнча коомдун айрым өкүлдөрүнүн оюн укту.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Атамбаев Салянованы өзүнүн каршылаштарын жок кылыш үчүн мыкты пайдаланды да, кереги жок болуп калганда арыз жазганга мажбур кылды, - деп,

экс-депутат Эркин Алымбеков: Ак үйдүн буйруктарын так аткарган адам керек, - деп,

премьер-министр Жоомарт Оторбаев: Жеке мен өзүм Салянованын кызматында калышын каалайт элем. Мындай адамды жоготууга болбойт, - деп,

укук коргоочу Рита Карасартова: Аида Салянованын ордуна татыктуулар бар. Негизи келчү адамдын арты таза болушу керек, - деп,

депутат Айнуру Алтыбаева: Аида айым өз ишинде бийиктикке жетти. Эми андан кем эмес, бардык жагынан төп келген адам болушу керек, - деп,

“Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Тимур Саралаев: Анын ордуна бийликке ыңгайлуу, бийликтин камчысын чаап берчү адам келет, - деп жооп берди.

“Баягы Асаба” гезити көптөн бери чыкпай келаткандан кийинки чыккан санын премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Учурда ушакчылар өтө эле көп” деген көлөмдүү интервьюсун жарыялоо менен ачты. Өкмөт башчысы журналисттин ар кандай суроолоруна жооп берип, аягында “Датка-Кемин” подстанциясын бүтүрүү керектигин, “Камбар Ата-2” ГЭСи иштөө алдында турганын, жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу башталганын, Бишкек-Баткен-Исфана жолу курулуп жатканын, үстүбүздөгү жыл инфраструктура үчүн инвестиция түшкөн жыл болорун кошумчалады.

“Асман плюс” гезити аркылуу Мирлан Айтаалы Жапония менен Кыргызстанды салыштырган баянын сунуш кылды.

Чоң мамлекетке чыкканда гана өз улутуңдун чабалдыгын сыздап сезериңди, жаратылыш байлыктары жок туруп, төрт тарабы океан менен курчалган аралда экономикасын өнүктүрүү деңгээлин дүйнөдө үчүнчү орунга жеткирген мындай өлкө дүйнөдө жоктугун, табиятка да, адамдарга да сылык-сыпайы мамиле жасарын жана мактанбай эле, жапон эли кандай мыкты эл экенин далилдеш үчүн кумурскадай эмгектенерин, бизде деле кыргыздар үйүнө киргенде кандай гана адам болбосун сый-урмат менен тосуп алып узатарын, бирок үйүнөн чыгары менен анысын унутуп саларын, тышта үйүндөгүдөй эмес 180 градуска өзгөрүп кетерин, ал эми жапондор болсо бардык жерде өздөрүн кичипейил алып жүрөрүн, ал тургай Фудзи тоосун эркелетип, "Фуджисан” деп сөзгө “сан” дегенин кошуп айтарын, мисалы, “Үсөн сан” дегени бизче “Үсөке, атаке, апаке” дегендей сый-урматты билдире турган сөздөр экендигин айтып берди.

Боорукердик картайбайт да, эскирбейт да экен

‎Ошто унаа базарда IsmanLife акциясынын уюштуруучулары чогулткан акчалар.

Бир топтон бери блог жаза элекмин. Анан калса бир нерсеге таасир албасаң, дүйнөң ойгонбосо, бирдеме жаза коюу оор экен. Бирок бүгүн жазбай кое албайм. Жазышым керек.

Бир кабагы жарык, таланттуу досубуз боорунан жабыркап, аны алмаштыруу зарыл болуп турат. Чет өлкөдө алмаштырууга көп каражат кетет экен. Ош шаарындагы достору чогулдук да, каражат топтоо үчүн акцияларды уюштуруп, маалымат тарата баштадык. Түрдүү идеяларды айттык. Журналисттер да жардам беришти.

Алгач биз кылган аракеттер дубалга тийген таруудай аркага секирип жаткандай туюлду. Бирок кайткан жокпуз. Улам бир идея менен чыгып, улам бир кишинин кулагына куюп отурабыз. Ошентип, эч кандай майнап чыкпачудай болуп жатып деле бир топ каражат топтолуп калыптыр. Анан интернет колдонуучулардан каттар келип, чалуулар түшө баштады. Башка шаарлардагы тааныш-досторубуз аракетке өтө башташты.

“...Мен эмне жардам бере алам?”

“...Дарегиңерди айткылачы, мен акча жиберейин дедим эле.”

“...Алматыда да акция уюштурууну ойлонуп жатам, бир аракет кылайын.”

“...Колуман келгени ушул болуп калды, аз да болсо кабыл алып коюңуздар, досуңуздар айыгып кетсин.”

“Азырынча ушуну ала тургула. Акча топтоло берсин балдар, таптакыр жетпей баратса, машинемди сатып берем.”

"...Ага, арзыбаган акчамды сиз айткан жигитке бердим, ыраазы болуңуздар, досуңуздардын ден соолугу мыкты болуп кетишине чын жүрөгүмдөн тилектешмин, көпчүлүк ушинтип тилеп отурсак, кудай таалам албетте берет..."

"... Мүмкүнчүлүгүм ошого жетти, көп акчалуу болсом, эх, анда аябайт болчумун. Сиздердей адамды көргөндө биздин четте турганыбыз болбос. Бизге ушундай жакшы жол көрсөттүңүздөр, ыракмат сиздерге."

“... Биз жамаатыбыз менен бир күндүк айлык акыбызды которобуз...”

“...Жүрөк сиздер менен бирге!.."

Дагы көп каттар, көп смстер бар. Менден башка досторго да тынбай келип жатат. #‎IsmanLife акциясынын уюштуруучулары, достор чогулуп түшкөн акча, келген каттар тууралуу бири-бирибизге маалымат беребиз.

Жүрөктү эң толкундантканы досубузга бир аял чалып, мен акчалай жардам бере албасам да донор болуп берейин, алтындарым, жаш бала экенсиң, өлүмгө кыйбай турам”,-дептир. Досубуз жаш адам донор боло аларын айтса, анда “27 жаштагы сиңдим бар, болбосо ал берет”, - деген экен. Угуп алып толкунданып кеттим. Жашып кеттим.

"Жапалак" унаа базары. Ош
"Жапалак" унаа базары. Ош

Унаа базарына барып кофе, чай сатып жүрсөк, алгач жаа бою качып жатышкан. Анан бир аз маалымат алгандан кийин көпчүлүк эл чын дилинен кофе, чайыбызды сатып алып жатышты. Айрымдары “Кофеңерди башкага сатып алгыла, мен жөн эле берейин. Досуңар айыгып кетсин”,-деп салымдарын кошушту. Артыбыздан ээрчип келип кошуп жатышты. Ал тургай ошол жерде куймак, кофе сатып отурган эже: “Менден албай, мына бул жигиттерден алгыла, менин соодам эмки базарда жүрсө деле жетет”,-деп кардарларды бизге үгүттөп турду. Ошол жерде ашкана иштеткен аке столдорун алып келип, ашканасынан ток чыгарып берип жардамдашып жүрдү.

Жанды эң ачыштырганы "Силер чындап эле уюштуруп жатасыңарбы, алдап акча таап жүргөн жоксуңарбы?" деп шекшиген жигиттин сөзү болду. Заманаң куурулуп кетет экен. Чынында ал жигит күнөөлүү эмес ошентип шекшигени үчүн. "Сүткө оозу күйгөн айранды ууртап ичет" дейт го. Балким ошондой жол менен элден акча жыйнаган шылуундарды көргөн окшойт.

Бирок жогорудагы окуя бизди биротоло капа кылып койгон жок.

Унаа базарындагы баласы да, карысы да, башка улуттун өкүлдөрү да кайдыгер болбой, тилегин айтышып, аз болсо да кабыл алып койгула деп көтөрүп жүргөн кутубузга акчасын салып жүрүштү.

Көрсө, адамдардын жашоо абалы, жашы, мүнөзү, тышкы көрүнүшү, кийими, тили башка-башка болгону менен боор оорусу, жүрөк согуусу бирдей экен. Арааны жүрүп турган ааламдашуу доорунда адамдардын жүрөгү муз болуп бараткандай туюла берчү. Бири-бирибизге боор бербей, байлык, мансап деп жашап калгандай сезиле берер эле. Көрсө, мен өзүм ошентип жашап жаткан экем. Элдеги мээрман жүрөктөр миңдеген жылдардан бери жашап келсе, мындан ары миңдеген жылдар бою жашай берет деп ишене баштадым. Боорукердик картайбайт да, эскирбейт да экен.

Муздай тоңгон жүрөктөрдү кайрымдуулук менен эритсе болорун туйдум.

Элдерден болгон бул жакшылыктарды көрүп, угуп, досубуз кадимкидей жашоого кумары артып, чыйралып келатат. Биз болсо үмүт менен аракетибизди андан ары улап жатабыз.

Ооба, биз болгону керектелүүчү сумманын ондон бирин эми чогулттук. Бирок боорукер адамдар бар турганда калганы да тез арада топтолоруна күмөнүм жок.

Биз акча топтобой эле, адамдардан мээр-шыбага, боорукердик, адамдык асыл сапаттарды топтоп жатыппыз. Берген сайын ал сапаттар азайбай, өздөрүндө кайра көбөйүп жатыптыр.

Улукбек Омокеев, блоггер

Наристенин көз жашын өлүм жазасы тыябы?

Педофилдерге карата жазаны катаалдантууну талап кылып, Жогорку Кеңеш алдында өткөн акция. 2-январь, 2015-жыл

Ош шаарында беш миңден ашык мүчөсү бар делген “Кыргыз журтум” коомдук фонду балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү жактагандардан кол топтой баштады.

Алар топтолгон колдордун негизинде өкмөткө, парламентке жана президентке кайрылып, өлүм жазасына карата коюлган мораторийди алып салууну сунуштамакчы болушууда. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева “Азаттыкка” билдирди.

- Биздин фонддун мүчөлөрүнүн көбү энелер. Акыркы убакта балдарга карата жасалып жаткан мыкаачылыктарга чыдабай, ушундай кадамдарга барып жатабыз. Биз балдарды кордогондорду өлүм жазасына тартууну сунуштайбыз. Кол топтоонун негизинде бийлик башындагыларга мораторийди алып салуу сунушу менен кайрылабыз.

Адилетсиз чечим – бейкүнөө өлүм

Өлкөдө тыюу салынган өлүм жазасын кайтаруу демилгеси коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Бул маселени буга чейин да Жогорку Кеңештин айрым депутаттары маал-маалы менен көтөрүп келишкен. Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев Баш мыйзам өзгөртүлмөйүнчө, өлүм жазасын киргизүү сунушу эрте экенин белгилейт.

- Өлүм жазасына мурда мораторий киргизилген, азыр болсо ал конституциялык норма. Конституциянын 20-21-беренелери өлүм жазасына тыюу салат. Бизде мындай жаза колдонулбайт, эгер киргизебиз десек, анда Конституцияны өзгөртүшүбүз керек. Коомго коркунуч келтирген кылмышкерлердин үшүн алабыз десек, анда бул сунушту жакшылап талкуулашыбыз зарыл.

​Анткен менен эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар өлүм жазасын колдонууга караманча каршылыгын билдирип келатышат. Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова сот чечимдери күмөн санаткан Кыргызстанда бул жаза бейкүнөө адамдардын тагдырына балта чабарын эскертет.

- Бизде кылмышкерлердин кылган кылмышын так аныктаган экспертизалар жок. Адам эмненин негизинде соттолду десең, көбүнчө өзү күнөөсүн мойнуна алды дешет. Бейкүнөө жерден камалгандар толуп жатат. Анан ушундай шартта, техникалык мүмкүнчүлүктөр жок туруп, бул жазаны киргизүү туура эмес. Соттордун адилет чечим чыгарарына эч ким кепилдик бере албайт. Андан көрө кылмыш жасаган адамдарды кайра тарбиялоо аркылуу, гумандаштыруу жолу менен кылмыштуулукка каршы турсак жакшы болмок.

Өмүр бою абак же өлүм жазасы?

Өлүм жазасынын кайрадан көтөрүлүшүнө эки жашар наристенин аёосуз зордук-зомбулукка кабылышы да чоң түрткү болду. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев мындай мыкаачылыкка баргандарды өмүрүнүн соңуна чейин түрмөгө кесүүнү сунуштайт.

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

- Балдарга, өзгөчө наристелерге зомбулук көрсөтүп, аларды зордуктагандарга эң жогорку жаза берилиши керек. Педофилдерге да ушундай чара көрүшү керек. Болбосо мындай кылмыштар токтобойт. Биз бул сунушту жылдык баяндамабызда айтып чыгабыз.

Өлүм жазасы Кыргызстандын Баш мыйзамынан 2007-жылкы референдумда алынып салынган. Ага чейин эл аралык уюмдардын сүрөөнү аркылуу президент өлүм жазасын 1998-жылдан тарта өз жардыгы менен токтотуп келген.

Өлүм жазасы алынгандан кийин эл аралык уюмдар Кыргызстанды демократиялык өнүгүүнү беттеген постсоветтик өлкөлөрдүн алдыңкы сабына коюп, муну кыргыз өкмөтүнүн чечкиндүү кадамы катары жогору баалашкан. Ошол эле учурда өлүм жазасын колдогондор өмүр бою абакка кесилгендерди багуу мамлекетке кошумча түйшүк экенин да жүйө кармашат.

Өлкөдө ушул тапта өмүрүнүн акырына чейин кесилгендердин саны 300гө жакын. Алардын ар бирине тамак-аш үчүн күнүнө 90 сомдон бөлүнөт.

Чочулаган банктар насыяны чектей баштады

Кыргызстанда көпчүлүк коммерциялык банктар сом түрүндө насыя берүүгө чектөө киргизгени маалым болду. Айрым банктар доллар түрүндө да насыя берүүдө чектөөгө барышканы кабарланууда.

Насыялардын чектелиши жана үстөк пайыздын жогорулашы экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизери маалым. Бул маселеде Улуттук банктын позициясы кандай?

Улуттук валюта сомдун девальвациясы өлкөнүн акча-насыя саясатына да олуттуу таасирин тийгизди. Өткөн жылда сомдун курсу кескин төмөндөй баштаганда айрым коммерциялык банктар сом менен насыя берүүнү токтотуп койгон.

Быйылкы жылдын башында өлкөдөгү 24 коммерциялык банктын 17си сом менен насыя берүүнү токтоткону жергиликтүү маалымат каражаттарында кабарланган. Бул маалымат кайсы бир деңгээлде тастыкталып, биз байланышкан KIСB, "Росинбанк", "Кыргызстан коммерциялык банкы", "Халык банк", "Байтүшүм" банктары сом менен насыя берүүнү чектешкенин билдиришти. Ал эми "Доскредобанк" жана "Толубай банк" коммерциялык максат үчүн сом менен насыя берилерин, бирок үстөк пайызы 28% тегерегинде болорун билдиришти.

Айрым коммерциялык банктар сом менен насыя берүүгө Улуттук банк тарабынан чектөө киргизилгенин айтышты. Муну сомдун курсун кармоо жана инфляцияны чектөө үчүн киргизилген чара катары кабылдоого болот. Анткени акча базарында накталай акчаны азайтуу менен анын курсунун түшүүсүнө жол бербөө ар бир өлкөнүн улуттук банктары колдонгон чаралардын бири экени маалым.

Бирок Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эч кандай чектөө киргизилбегенин билдирди:

- Бизде Улуттук банк тарабынан эч кандай чектөө киргизилген эмес. Бирок бул жерде жылдын башында дайыма ушундай болот.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, январда эч ким эч кандай иш кылбай, план түзүү менен алектенет. Февраль, март айларында дыйкандар жазгы талаа жумуштарына даярдык көрө баштаган кезде насыялар бериле баштайт.

Кыргызстандагы коммерциялык банктар ассоциациясынын башчысы Анварбек Абдраев коммерциялык банктардын сом менен насыя берүүнү чектешин сомдун күчүнүн кетүү коркунучу менен байланыштырат. Анын айтымында, коммерциялык банктар сомдун күчтүү девальвация болуп кетишинен чочуп турушат.

Кыргызстандагы ишкерлер болсо сом менен да, доллар менен да бериле турган насыялардын үстөгү абдан жогору деп арызданышууда.

Республикадагы курулушчулар бирикмесинин башчысы Аскарбек Молдобаев бүгүнкү күндө сом менен берилип жаткан насыялардын үстөгү 30% жакындап, ал абдан оор болуп жатат дейт:

- 28-29% деген бул эми чакан насыя компаниялардын үстөк пайызындай болуп жатат да. Бул деген абдан жогору да. Биз үйлөрдүн бир чарчы метрин 800-900 доллар десек, кымбат деп кыйкырып жатышпайбы. Муну менен кайда барабыз? Андай үстөк пайыз менен насыя алсак, анда үйүбүз дагы кымбаттап, аны ким алат? Эч ким алалбайт. Биздин элдин андай төлөө мүмкүнчүлүгү жок да.

Аскарбек Молдобаев, ошондуктан курулушчулар дээрлик банктардан насыя албай калганын кошумчалады.

Өкмөт жыл сайын жазгы талаа жумуштарына "Айылбанк" аркылуу үстөгү 8-10% насыя бөлүп келатат. Быйылкы жылы да андай насыя бөлүнүшү күтүлөт. Бирок өкмөт ишкер чөйрөсүнө жана өндүрүшкө Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каражат бөлүүнү караштырып жатканы маалым. Экономика министринин орун басары Данил Ибраев өндүрүш тармагына коммерциялык банктар аркылуу 10% тегерегинде насыя каралып жатканын билдирген. Бирок андай насыялар адатта доллар түрүндө берилет.

Борбор Азия Сирия коркунучун баалабай жатат

Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар

Эл аралык Кризистик топ борбор азиялыктардын Сирияга жихадга кетип жатышынын себептерин атады.

"Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу" деп аталган отчетто аймактагы беш өлкө согушкерлер коркунучу менен күрөшкөндүн ордуна жарандардын эркиндиктерин чектеп, радикалдашуунун отуна май чачып, кайра аны күч алдырып жатканы айтылган.

Сирияга кеткендердин бейнеси кандай?

20-январда жарыяланган баяндамада Кризистик топ мындай кырдаалдын жаралышынын саясий себептерин талдоого алган. Эл аралык уюмдун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча долбоорунун директору Дейдре Тайнандын айтымында, аймактагы өлкө жарандарынын саясий жана социалдык өзгөрүүлөрдөн көңүлүнүн калышы да “Ислам мамлекети” тобунун ишин оңойлотуп жатат.​

- Аймакта саясий жана социалдык өзгөрүүлөрдү күтө берип, көңүлү биротоло калгандар аз эмес. “Ислам мамлекети” тобун жактагандардын ачык-айкын образы жок. Алардын арасында байлар жана кедейлер, билимдүүлөр жана билимсиздер, жаштар жана улгайгандар, аялдар жана эркектер бар.

"Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу" деп аталган баяндамада бүгүнкү күндө "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери көзөмөлдөп турган аймактарга кеткен же бул экстремисттик топту колдогон борбор азиялыктардын саны 2 миңден 4 миңге чейин жетери айтылат. Алардын арасында Өзбекстандан жана Кыргызстандын түштүгүнөн кеткен этникалык өзбектер бул террорчул уюмдун катарында күрөшүп жүргөн саны боюнча эң көп топ катары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары казак, тажик, кыргыз жана түркмөндөрдүн бар экени айтылган.

"Ислам мамлекети" тобу тараткан "Казак балдар" делген тасма интернетке былтыр 22-ноябрда коюлган.
"Ислам мамлекети" тобу тараткан "Казак балдар" делген тасма интернетке былтыр 22-ноябрда коюлган.

“Эмнеге Борбор Азиянын тургундары өз өлкөсүн чанып, Сирияга жөнөп жатышат?” деген суроо узаткан Кризистик топ мунун себебин бир нече факторго байланыштырат. Алардын арасында жарандык эркиндик чектөөгө алынган өлкөлөрдө бул топтор халифат куруу идеологиясын альтернатива катары көрүп, же адамдар диний же этникалык жактан басмырлоого кабылган учурда “Ислам мамлекетинин” идеологиясын тандай турганы айтылган.

Радикализмдин чарасы - биригип күрөшүү

Ошондуктан Борбор Азиянын жетекчилери “Ислам мамлекети" согушкерлери жана диний радикализм коркунучу менен күрөшүү үчүн бирдиктүү аракеттер иштеп чыгышы керектигин эл аралык уюм сунуштаган.

Борбор Азия өлкөлөрү бул коркунуч менен күрөшүү боюнча бирдиктүү план иштеп чыкмайынча, өрчүп жаткан радикализм бул беш өлкө үчүн олуттуу коркунуч бойдон кала берет. Ал план жогорку коопсуздук чаралары эле эмес, социалдык, саясий жана экономикалык аракеттерди да өзүнө камтышы керек- деп жазылат баяндамада.

Кризистик топ башка чаралар менен катар бул уюм жаштарга көбүрөөк экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө чакырган.

Кризистик топтун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын директору Пол Квин-Жадж бул аймакта жихадизмдин коркунучтары алыс эмес экенин эскертип, чөлкөм лидерлерин азыртадан чара көрүүгө үндөгөн.

Кризистик топтун отчетуна баа

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков Кризистик топтун бийликке нааразы болгондон улам Сирияга кетип жатат деген пикирине кошулбайт: ​

- Жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү деген менен Кыргызстанда абал салыштырмалуу башкача. Бизде өз оюн айта албай, же диний кысымга калды деген деле көрүнүш жок. Ал жакка кеткендердин көпчүлүгү адашып, туура эмес маалыматтар менен кетүүдө. Өлкөнүн коопсуздук кызматтары, парламент буга каршы туруп, бардык аракеттерди көрүү үчүн чогуу иштеп жатабыз.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн Бишкектеги Prudent Solutions аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев Кризистик топ жалпысынан азыркы абалга туура баа берген деген пикирде:

-Албетте саясий системасында “сенектик” орун алган Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө элдин нааразычылыгын сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк берилбейт. Башкача айтканда, бир муун өзүнүн укуктары корголбой жатканын билсе да айта албай, көкүрөгүндөгү ызасын катып, жашап жатат. Алар коомдон өз ордун таба албай кыйналып келишет. Анткени алардын үнү угулбай, белгилүү бир топтун гана үнү угулган үчүн аларда абдан чоң көңүл калуу бар. Ошондуктан альтернатива издешип, ар кыл диний, радикалдык топтордун катарын толуктап жатышат.

Бул жагынан Кыргызстанда абал бир аз башкача экенин айткан Усубалиев өлкөдө диний сабаттын төмөндүгүнөн көпчүлүк ушундай кадамга барып жатат деп эсептейт.

Ал эми Москвадагы Карнеги борборунун теңтөрагасы, ислам жана Борбор Азия боюнча эксперт Алексей Малашенко Кризистик топтун баяндамасындагы коркунучтарга кошула бербейт. Анын айтымында, аталган борбор айрым учурда кырдаалды аша чаап, коркунучтуу көрсөтүп жүрөт:

Малашенко
Малашенко

- Кайсы бир нерседен көңүлү калган же нааразы болгон адамдар бардык өлкөлөрдө бар. Аны Борбор Азияга байлап, “Ислам мамлекети” ушундан пайдаланып, өз катарын толуктап жатат деген туура эмес деп ойлойм. Экинчи жагынан, Борбор Азияда жумуш жок, диний туура эмес маалымат алган жаштар көп болушу мүмкүн. Бирок антип бул аймактагы кырдаалга бир жактуу баа берген туура эмес. Учурда бул аймактагы ар бир өлкөдө абал ар башка. Буга кошумча бизде Борбор Азиядан канча адам кеткени тууралуу так маалымат да жок болуп жатпайбы. Анын масштабын билбей туруп, мындай же тигиндей болот деп айтуу туура эмес. Ошондуктан "Ислам мамлекети" тобу Борбор Азияга маани берип, өз катарын ушул аймак жарандары менен толуктап жатат деп айтуу кыйын. Анын үстүнө ошол эле "Ислам мамлекети" тобу жана ислам тууралуу ар кыл уламыштарды чындык катары айта берүү адатка айланып бара жатат.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандан эки жүзгө жакын адам Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Алардын ичинен ондон ашыгы көз жумганы кабарланды. Согуштук аракеттерге катышкандардын басымдуу бөлүгү 16-22 жаштагылар жана арасында кыз-келиндер да бар. Мурда Сирияга тартылгандар өлкөнүн түштүк аймактарында басымдуу болсо, акыркы учурда бул көрүнүш башка аймактарда да кулач жайганы айтылууда.

ИМ тобунун Борбор Азияга “дубай саламы”

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери тараткан сүрөт.

Кыргызстандагы айрым диний эксперттер “Ислам мамлекети” тобу Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү бүлүнтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, буга атайын каражат бөлүнгөн деген маалымат таратышты.

Буга улай эле интернетте өзбек тилинде сүйлөп, беткап тагынган куралчан жигиттердин Борбор Азияга келүү планын билдирген видеосу жарыяланды. Диний серепчилер Борбор Азия бийликтери бул сыяктуу олуттуу коркунучтарга жетиштүү чара көрбөй жатат деген пикирде.

Диний эксперт Кадыр Маликов Борбор Азия чөлкөмүндө диний радикалдашуу тездик менен өнүгүп баратканын айтып, анын ичинде "Ислам мамлекети“ тобунун ишмердиги жанданганы байкалат деп тынчсызданды.

Түпкүлүгүндө Өзбекстанды бүлүнтүүнү каалаган топтун аракеттеринен биринчи кезекте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан запкы тартышы мүмкүн дейт Кадыр Маликов:

- Бизде азыр абдан аялуу катмар деп Кыргызстандын түштүгүн да, Фергана өрөөнүн да айтсак болот. Азыр "Ислам мамлекети" тобу Борбор Азияга белгилүү бир суммадагы каражат багыттаганы тууралуу маалымат бар. Максаты - Өзбекстанды бүлүнтүү, бирок ойлонуп көрсөк ал жакты дестабилдештирүүдө Кыргызстан же Тажикстан да кошо жабыр тартышы мүмкүн.

Кадыр Маликов "Ислам мамлекети" тобу жакында эле Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан барган жихадчыларды бириктирип, “Борбор Азия” деген атайын топ түзгөнүн да кабарлады. Мындай маалыматтардын чын-төгүнүн билүү максатында жана анын алдын алуу иштери кандай жүрүүдө деген сурообузга тиешелүү күч органдарынан жооп ала алган жокпуз.

Анткен менен коопсуздук жана дин маселелери боюнча эксперт, “Ыйман” фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулу саясий, социалдык туташ проблемалары көп өлкөлөргө радикалдуу уюмдар тез сиңерин айтып, бирок мындай коркунучтарга бүтүндөй коом каршы турушу керек деди “Азаттыкка”:

- Мамлекеттин гана чара көргөнү жетишсиз. Буга коомдун бирдиктүү позициясы болушу керек. Күч органдарына же диний кызматкерлерге гана эмес, мындай жоопкерчилик коомдун бардык катмарында болушу зарыл. Ата-эненин, мектептин, журналисттердин, интеллигенциянын жоопкерчилиги бар. Негизи мындай маселеге масштабдуу, системалуу чара - бул диний билимди заманбап талаптарга ылайык жаңылоо деп айтаар элем.

Искендер Ормон уулу кыргыз бийликтери бат-баттан коопсуздук кеңешине чогулуп, коркунучтардын алдын алууга жетиштүүгө көңүл бөлүүдө эсептейт.

Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу

Ал ортодо Эл аралык кризис тобу «Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу» деп аталган отчетун жарыялап, анда "Ислам мамлекетинин" согушкерлери көзөмөлдөп турган аймактарга кеткен же бул экстремисттик топту колдогон борбор азиялыктардын саны 2-4 миңге чейин жетерин шардана кылды. Кризистик топ аймактагы өкмөттөр жарандык эркиндиктерди чектеп, коопсуздук чараларын күч алдыруу менен радикалдаштыруунун отуна кайра май чачып жаткандыгын кошумчалайт. Башка чаралар менен катар бул уюм жаштарга көбүрөөк экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө чакырды.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Марат Иманкулов “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин катарын тыюу үчүн Борбор Азия мамлекеттери коопсуздук маселесинде тыгыз кызматташуусу керектигин айтты:

- Кошуна мамлекеттер, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен биргеликте, аймактык уюмдар менен чогуу машыгууларды өткөрүү зарыл. Алардын кирип келип жаңжал баштаганын күтүп отурбаш керек, алысты көрө билип иш кылып, биз аларды Тажикстандын чек арасынан тоскудай болушубуз абзел. Азыр көңүл бурбасак, кийин мунун кесепеттери чоң болушу ыктымал.

Эл аралык кризистик топ да Сириядагы соңку окуялар Борбор Азиядагы диний радикалдашуу үчүн өтө кооптуу экенин белгилеп, бул өлкөлөр коопсуздук боюнча атайын көп багыттуу программаларды иштеп чыгышы керек деген кеңеш берди.

Диний эксперт Кадыр Маликов кыргызстандык мусулмандар арасында муфтияттын кадыры улам жоголуп баратканы, ишенимге ээ болбой жатканы, алардын бийлик тараптан көзөмөлдөнүшү жарандардын башка агымдарга кошулуусуна түрткү болууда деген пикирде.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин катарына же Сириядагы кандуу кагылышка баргандар интернетке тараткан видеолордун каармандары көбүнесе казак же өзбек улутундагылар болгону менен, Кыргызстандын коопсуздук кызматтары өлкө түштүгүнөн экстремисттик топтордун катарына барып кошулгандар бар экенин белгилеп келишет.

Аймакта бешинчи дөңгөлөк болбойлу...

Кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен бүгүн “Көк асаба” гезити гана жарык көрдү.

Гезит Айбек Байымбетов аттуу автордун “Арабанын бешинчи дөңгөлөгү болбойлу” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Кыргызстандын жашоо-турмушун талдоого алган Айбек жашап жаткан системабыз элдин абалын ойлогонго жана улуттук кызыкчылыкты коргогонго эмес, саналуу ач көз байлардын жыргалчылыгын гана камсыз кылууга карай багытталганын, мындай жол акыры биз ойлогон жакшылыкка алып барбай тургандыгын, ошондуктан экономиканын өзөгү социализмге негизделиши керектигин белгилеп, бул сөздү угары менен либералдык көз караштагылар дароо чалкасынан кетерин, анткени өнүккөн капитализм менен демократия гана жаркын келечекке алып барат дегендер, же Батыштын “токочунан” башканы таттуу деп эсептебей калгандар бул идеяны туу туткан адамды эскичил, улутчул деп күнөөгө жыккысы келерин, бирок бүгүн экономикабыздын негизин түзүп жаткан капитализмден баш тартып, анын ордуна жаңы экономикалык негиз салмайын аймактык интеграцияда Кыргызстан арабанын бешинчи дөңгөлөгү болуп жүрө берерин, ал эми улам жаңы келген бийлик реформа дегенди бетине кармап алып, эбак ачып-кычып кеткен бешбармакка ысык сорпо куя салып элге бере берерин жазды.

Гезиттин бул санына Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата акындын залкар манасчы Сагымбай тууралуу жазып кеткен “Сагымбай Орозбаков” деген макаласы кайрадан басылып чыкты.

Алыкул ХХ кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, эң күчтүүсү, эң улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп эсептелерин, эгер кол жазмалар фондунда эпостун 1000 басма табак ыры болсо, анын 400 басма табагы Сагымбай Орозбак уулунуку, калгандары Саякбай, Жаңыбай, Шапак, Байымбет, Ыбырайым жана башкалардыкы экенин, кокус жогорудагы аттары саналган манасчылардын ичинде Сагымбай Орозбаковдун варианты болбогондо анда калгандары бизди “Манас” эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра алмак эместигин, Сагымбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турарын, Сагымбайды окуп туруп башкалардыкын окуганда төрт кабат үйдөн бир кабат үйгө түшкөндөй төмөндөй түшөрүңдү жазган.

Ушул эле санда айтылуу Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына карата журналист Ракыя Жусупованын “Таттыбүбү” деген эскерүү баяны сандан санга жарыяланууда.

Археологиялык эстеликтер жайгашкан жерлер да менчикке кетип калган жагдайлар бар экенин, тарыхый эстеликтер мамлекет тарабынан каттоого алынган деп жыйындарда көп айтыларын, бирок кеп каттоого алынганында эмес, кеп аны дайыма карап, коргоого алып, сактап алуу керектигин, маселен ошол эле каттоого алынган жайлардын аттары Маданият министрлигинин кагазында гана жазылып калганын, өзү болсо эбак жок болгондугун “Көк асаба” гезитинин бүгүнкү санына берген маегинде археолог окумуштуу Кубатбек Табалдиев кеп кылды.

Улуттук кийимдерди заман талабына ылайыктап жаңылап, жакында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында “Элдик өнөр жана мода” фестивалына катышып, бүгүн Европа тараптан да чакыруу алган жаш дизайнер Миррахим Токтогуловдун кийимдеринин үлгүсүн аталган басылма сүрөттөрү менен тартуулады.

Миррахим өз сөзүндө калпактар таза кийизден, көйнөктөр таза кендир, пахта, жибек жиптеринен токулган кездемелерден, колго көтөргөн баштыктар да таза жүндөн ийрилип токулган таарлардан жасаларын, мисалы, илгерки эркектер кийген кемселдин этеги кенен болсо, ал бүгүнкү заманга ылайык кыскартылып, көчөдө, маршруткаларда жүргөнгө ылайыкташтырылганын, бул кийимдерди жаштар окууга, сыйга, жыйындарга жана күнүмдүк турмушта деле кийип жүрө берсе болорун айтып берди.

Шамалбек Акылбек уулунун макаласы “Кыргыздын түштүк аймагынан чыккан кыраан Кубат бий” деп аталган макаласы жарык көрдү. Макалада Кубат бийдин эрдиги эскерилип, Кокон бийлигине кызмат кылып жүрүп акыры ошол Кокон бийлиги тарабынан өлтүрүлгөнүн, 2013-жылы белгилүү ишкер Сазыкбай Турдумалиев тарабынан Таластын Кара-Ой айылына Кубат бийдин куш кармаган айкели орнотулганын жазып чыкты.

Москвада азык-түлүк баасы күн санап өсүүдө

Москвадагы дүкөндөрдүн бири. 2014-жыл.

Баалардын күн санап өсүшү Москвада эмгектенген мигранттарга кандай таасирин тийгизип жатканын билүү үчүн "Азаттык" сурамжылоо жүргүздү.

1-январдан тарта эт, жумуртка, суу май, кесме баасы 1,5-2% өссө, кумшекер, капуста, сабиз, картошка жана пияз баасы жалпысынан 5-11% чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу маалыматты Орусиянын мамлекеттик статистика комитети жарыялады.

Эксперттер азык-түлүк бааларынын өсүшү акыркы эки жумада гана эмес, өткөн жылдын сентябрь-октябрь айларынан башталган көрүнүш экенин айтышууда.

Баалардын күн санап көкөлөшү Москвада эмгектенген мигранттарга кандай таасирин тийгизип жатканын билүү үчүн сурамжылоо жүргүздүк.

Бактыгүл Калчаева алты жылдан бери күйөөсү менен Орусияда жүрөт. Ал Москвада азыр жашоого жана иштөөгө чыгымдарды үнөмдөө оор болуп калганын айтты:

- Быйыл жылдагыга салыштырмалуу өтө эле кымбаттады. “Ашан” соода түйүнүнөн тамак-аш алабыз. Буга чейин ал жерде товарлар башкаларга караганда арзан болчу, азыр андай болбой калды. Бир айда жеген-ичкенге эле 10 -15 миң рублга чейин кетип жатат. Бизде жумушта тамак берилбейт. Үйдөн жасап ичебиз. Анан батир акысы, аркы-берки чыгымдар кошулуп отуруп, бирөөбүздүн айлыгыбыз бат эле түгөнүп калат.

Дагы бир кыргызстандык Наргиза Назарова азык-түлүк дүкөнүндө сатуучу. “Башкы керектүү азыктарга баалар күн сайын өзгөрүүдө”, - деди ал өз байкоосу менен бөлүшүп.

- Азык-түлүк кымбаттады. Күндөн-күнгө 1 рублдан 10 рублге чейин өсүүдө. Кумшекер жаңы жылга чейин арзан болчу. Бир килограммы 40 рублга чейин болчу, азыр 56-60 рублга жетти. Мен бир туугандарым менен жашайм. Тамак-ашыбызга айына 7 миңден 10 миң рублга чейин кетип калат. Мурда ага жетчү эмес.

Эркеайым Маткабулова нандын бир рублга кымбаттаганы да мигранттарга терс таасирин тийгизе турганын айтты:

- Мен башында тамак үчүн 2 миң рубль коротчумун. Азыр 3 миң рублга чейин жетүүдө. Башка жылдарга караганда көп чыгым болуудабыз. Мурдагыдай акча чогулта албай калдык десем да болот.

Москвада кафе иштеткен Мира Турганова декабрда базардагы баалардын тез өскөнүнө байланыштуу жасаган тамагынын да акысын көтөрүүгө аргасыз болгон.

- Акыркы эки жумада эт, жашылча-жемиштер 10-15% кымбаттады. Ага жараша биз да бааны көтөрдүк. Себеби жаңы жыл алдында баалар 10-15 пайызга эмес, 20-25 пайызга өсүп кеткен. Ошол учурда биз бааны 5-10 пайызга көтөрдүк.

Эксперттердин айтымында, жаз айларында баалар 17-20 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Москвадагы Экономиканын жогорку мектебинин Өнүгүү борборунун эксперти Николай Кондрашов март-апрель айларында абал оорлорун божомол кылды.

- Терс фактыларга байланыштуу 2014-жылы азык-түлүк инфляциясы 15,6 пайызды түзгөн. Бул абдан жогорку көрсөткүч. Биринчиден, девальвация, экинчиден, азык-түлүк санкциялары 2015-жылы дагы деле уланып жатат. Үчүнчүдөн, мурунку жылдагы девальвациянын кийинки жылга “улануу эффектиси” болгондуктан, үстүбүздөгү жылы азык-түлүккө болгон баалардын кескин өсүшүнө негиз бар. Эгерде мунайга болгон баа азыркыдай 1 баррель үчүн 50 доллар бойдон калса, рублдин куну дагы түшүп, азык-түлүк баасы 17-20 пайызга чейин өсүшү күтүлөт. Орусияда буга чейин 2007-2008-жылдары дүйнөлүк экономикалык кризис, 2010-2012-жылдардагы кургакчылык учурунда окшош кырдаалдар кездешкен. Бирок ал кризистерден кийин баалар мурдагы калыбына келген. Азыркы кырдаалда рублдин куну кайрадан көтөрүлбөйт жана санкциялардын кесепетинен пайда болгон дефицит эч жакка кетпейт.

Өткөн жылдын жаз айларында Украинага таандык Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин Орусияга карата бир топ санкциялар киргизилген. Ошол кезде эксперттер бул орус экономикасы үчүн оор сокку болорун эскертишкен эле.

Ош: эстеликке чачылган миллиондордун эсеби

Оштогу Манастын эстелиги. 2012-жыл.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Оштогу Манастын эстелиги боюнча кылмыш ишин козгоду. Күч органдары ал курулган кезде 10 млн. сомдон ашык акча желгенин негиз кармоодо.

Ал ортодо Оштогу Барсбек кагандын эстелигин жана "Жапалак" машине базарын курууда да бир топ акчалар кымырылып кеткени айтылууда. Бирок бул фактылардын эки-үч жылдан кийин гана козголуп жатышын Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду каралоо аракети катары баалагандар да бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмү “Айкөл Манас” монументалдык комплексин курууда акча кайсы процессте кымырылып кеткенин ачык айта элек. Алар азырынча керектүү өлчөмдөн ашыкча иштетилген сумманы гана коомчулукка шардана кылышты.

- “Айкөл Манас” монументалдык комплекси боюнча Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы 2011-жылы атайын тендер өткөргөн. Анын жыйынтыгында, ошо кездеги Ош шаарынын башкы архитектору Нурбек Баетовдун уулу Сабыр Баетовго таандык “Айжол” жоопкерчилиги чектелген коому тендерди утуп алган. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы атайын демилгелеп, курулушту жүргүзүүдө бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу иштетүү маселеси боюнча аудитордук текшерүү өткөргөн. Ошонун негизинде Эсеп палатасы, эстеликти курууда көрсөтүлгөн ченемден 10 млн. 112 миң 700 сом өлчөмүндө ашыкча акча иштилип кеткенин тактады. Бул каражаттарды Ош шаардык мэриясынын ошо кездеги кызматкерлери өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталды, - деди УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

УКМК "Жапалак" машине базарын курууда да 5 млн. сом кымырылып кеткенин айтууда.
УКМК "Жапалак" машине базарын курууда да 5 млн. сом кымырылып кеткенин айтууда.

УКМК азыр Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси же, “ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана керексиз коротуу” айыбы менен кылмыш ишин козгоду. Бирок азырынча кимдерге айып коюлуп жатканын жана алардын аты-жөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ачык айткан жок.

Курулушу 2011-жылы башталып, 2012-жылы эксплуатацияга берилген Оштогу “Айкөл Манас” монументалдык комплексине жалпысынан 37 млн. 179 миң сом сарпталган. Анын долбоорун “АрхТБ” ишканасы түзүп, куруучу катары “Айжол” жоопкерчилиги чектелген коому иш алып барган.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Эшбаев буларды билдирди:

- Эсептөө палатасынын текшерүү иши толук бүтө элек. Алар чыгарган жыйынтыкта атайын акт жазылып ага өздөрүнүн, менин жана эстеликти курган фирма жетекчилеринин колу коюлушу керек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал актыны колубузга ала элекпиз. Ошол себептүү азыр бул иш боюнча бир нерсе дей албайм. Анүстүнө менин бул жерде иштегениме бир жылдай эле болду. Негизи “Айкөл Манастын” эстелигинин курулушун текшерген мамлекеттик комиссиянын “эстеликти эксплуатациялоого уруксат берилсин” деген 96/12 номердеги актысы бар. Бирок бул чечим канчалык негиздүү, эстелик канчалык мыйзамдуу болгону тууралуу азырынча бир жактуу пикир айта албайм.

Ош эл аралык аэропортунан шаарга кирип келаткан жолго курулган Манастын эстелигинин бийиктиги 24 метр. Ичи бетондон жана сырты жезден жасалган монументти тургузууга 10 чакты скульптор жана 30-40тай куруучу тартылган.

Бул эстеликти курган “Айжол” жеке менчик ишканасы, курулуш толук мыйзамдуу болгонун айтып, ортодо акча желип кеткен деген дооматтарды четке кагууда. Фирманын ээси Сабыр Баетов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Эсеп палатасынын кызматкерлери Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын үстүнөн текшерүү жүргүзүп жатабыз деген. Кийин мага чалып документтериңди алып кел дешти. Ошол бойдон бир да жолу чакырышкан жок. Анан акт боюнча да менин эч кандай тааныштыгым жок. Ал тургай кайсы жерден, кайсы акчаны, кай жакка киргизип жибергенимди да айтыша элек. Негизи курулуш жүрүп атканда бардык органдар текшерип, карап турушкан. Кийин Манастын эстелиги ишке берилгенден кийин дагы төрт-беш жолу текшеришкен, аудит салышкан. Ошондо да эч нерсе деп айып коюшкан эмес. Анан азыркы жыйынтыктарына мен эч түшүнбөй турам. Бул иште бир да мыйзам бузуу болгон эмес, бардык документтер жайында.

Соңку кабарлар боюнча, Оштогу Барсбек кагандын эстелигин курууда 2-3 миллион сомдой жана Ош шаардык “Жапалак” унаа базарын курууда 5 млн. сомдой каражаттар орто жолдон кымырылып кеткенин УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аныктап чыккан. Бирок аталган орган булар боюнча маалыматтарды толук шардана кыла элек.

Ушундан улам айрымдар муну саясий буюрутма катары баалашууда. Анткени бул курулуштардын баары экс-мэр Мелис Мырзакматов калааны башкарып турган учурда курулган.

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов.
Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов.

- Курулуш объекттериби, көпүрө, же эстеликтер болобу, булардын тегерегиндеги соңку кездеги катуу текшерүүлөр кандайдыр бир саясий буюртманын негизинде болуп жаткандай пикир калтырууда. Көпүрө боюнча Мырзакматовго кылмыш ишин козгогондон кийин, ал кайра атайын кайрылуу менен чыкты. Ошондон кийин калк ичинде Мелис Мырзакматов саясатка кайтып келет деген пикирлер жарала баштады эле. Анан эми бийлик мына ошого жооп кылып, минтип Манастын эстелигинен да “бирдеме” таап, Ош шаарынын экс-мэрине карата кара пиарды көбүртүү менен алек болуп аткандай. Негизи 2010-жылдан 2013-жылга чейинки аралыктардагы ушул курулуштар, эстеликтер элдин духун көтөргөн эле. Эми ошону бийликтердин чукуп атканын туура эмес деп эсептейм,- деди жергиликтүү байкоочу Абдыжапар Аккулов.

Башкы прокуратура өткөн жылдын ноябрында экс-мэр Мелис Мырзакматовго карата кылмыш ишин козгоп, Оштогу Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөсүн курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып таккан. Анын негизинде, Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.

Мырзакматовдун тарапкерлери буга ошондо да "саясий куугунтук" деп баа беришкен эле. Эми Манастын эстелиги жана “Жапалак” унаа базарлары тууралуу фактылардын коомчулукка жарыяланышын да ушул аракеттердин логикалык уландысы деп мүнөздөшүүдө.

Белгилей кетчү бир жагдай, кезинде Ош шаарынын мэри болуп турган Мелис Мырзакматов Манастын эстелигин курууга 31 млн. сом жумшалды деп ММКларга айтканы бар. Бирок монументалдык комплекске 37 млн. сомдон ашык каражат сарпталганы эми гана ачыкка чыгып отурат.

Милиция күбөнү кысымга алууда

Мындан бир ай мурда, ИИМдин алдында күбөлөрдү коргоо башкармалыгы ишке кирген.

Акыйкатчы институту Бишкекте Свердлов райондук милиция кызматкерлерине каршы көрсөтмө берген күбөнүн коопсуздугу коркунучта экендигин айтып чыкты.

Милицияга каршы көрсөтмө берген Адылжан аттуу жаран мурда уурулук, каракчылык, талап-тоноо беренелери боюнча төрт жолу соттолуптур. Өзүнүн айтымында, аны акыркы жаза мөөнөтү бүтөрүнө аз калганда, милиция кызматкерлери уруп-согуп, терс иштерди бүтүрүү үчүн пайдаланган. Адылжандын "милдети" маңзатты бейкүнөө адамдардын чөнтөгүнө байкатпай салып, аны милицияга карматуу болгон:

- Мен ушундай жол менен алты адамды милицияга карматкам. Алардын төртөө акча берип кутулуп кеткен. Экөө убактылуу кармоочу жайга камалган. Маңзатты кимге таштоону өздөрү айтышчу. Кээде мен сунуш кылчумун.

Айрым күбөлөр тергөө маалында кыйноонун күчү менен берген көрсөтмөлөрүн соттук териштирүү учурунда өзгөртүшөт. Адылжан ушундай кадамга баргандан кийин милициялар аялын барымтага алып, көрсөтмөсүн өзгөртүүсүн талап кылганын айтууда:

- Милиция кызматкерлерине каршы көрсөтмө бергенден кийин мага, жакындарыма коркутуу болду. Алар аялымды уурдап кетип, "аны көргүң келсе, көрсөтмөңдү өзгөрт" деген талап коюшту. Мен алардын аты-жөнүн билбесем да, укук коргоо органдарынан экендигин сездим. Себеби, алар милициялар берген номерге чалышты. Аларга жолукканда, "макул, көрсөтмөмдү өзгөртөм" деп аялымды алып кеттим. Бирок сотто баарын ачык айтып, көрсөтмө бердим.

Адылжандын жардамы менен милиция кызматкерлери камакка алган жарандардын бири алты айдан кийин Свердлов райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыккан. Анын соттук ишинде Адылжандын күбө катары берген көрсөтмөсү чечүүчү ролду ойногон.

Бирок ушундан кийин бир нече сот ишине башкы күбө катары катышкан Адылжанга кол салуулар болгон. Буга байланыштуу ал азыр тааныштарынын үйүндө баш калкалаганга мажбур.

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев жогорудагы күбө кат аркылуу андан жардам сураганын "Азаттыкка" тастыктады. Ушундан кийин ал Адылжандын арызы боюнча Баш прокуратурага кайрылган экен:

- Адылжан өз арызында Сверлов райондук ИИБнин эки кызматкери аны коркутуп-үркүтүп жатканын, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу коркунучта экенин айткан. Бул иши менин кароомдо алты айдан бери турат. Күбө көрсөтмө берип жаткандан кийин анын коопсуздугу да эске алынышы керек эле. Күбөлөрдү коргоо боюнча мыйзам болгону менен, иш үстүндө ал аткарылбай жатат. Мен жогорудагы күбөнүн иши боюнча, шаардык прокуратурага да кайрылдым.

Алар аялымды уурдап кетип, "аны көргүң келсе, көрсөтмөңдү өзгөрт" деген талап коюшту.

Бирок Свердлов райондук ИИБ кызматкерлери күбөнүн келинчегин барымтага алуу фактысын четке кагууда. Шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев Адылжан көрсөтмөсүндө белгилеген укук коргоо кызматкерлери иш ордуларын бошотпогонун, бул боюнча шаардык прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди:

- Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан Адылжан жанан анын келинчегине эч кандай коркутуу-үркүтүү болбогонун, барымтага эч ким алынбаганын мен расмий түрдө айта алам. Ал эми аты аталган милиция кызматкерлери боюнча ушул тапта шаардык прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Кыргызстанда 2006-жылдан тартып, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын укуктарын коргоо мыйзамы күчүнө кирген. Бирок адам укугун коргоочулардын айтымында, бул мыйзам иш жүзүндө аткарылбай келет.

Мындан бир ай мурда, ишке кирген ИИМдин алдында күбөлөрдү коргоо башкармалыгы тергөө убагында жабырлануучулардын, күбөлөрдүн ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралса, алардын коопсуздугун сактоо аракеттери көрүлөрүн айткан эле. Аталган башкармалыкка Адылжан да кайрылган, бирок каражаттын жоктугунан ага тиешелүү көмөк көрсөтүлгөн эмес.

Салянованын төрт жылдагы ийгилиги жана өксүгү

Аида Салянова

Башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы тууралуу кептер коомчулукта анын соңку убактагы ишмердиги боюнча кызуу талкуу жаратты. Салянова баш прокурорлуктан кетүү тууралуу арызын 19-январда жазган.

Бүгүн 21-январда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар баш прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишин карап, 57 депутат колдоду. 18 депутат каршы добуш берди. Жыйынга жалпы 90 депутат катталган.

Эрежеге ылайык, жалпы депутаттардын үчтөн бири колдосо, арыз канааттандырылды деп эсептелет.

Депутаттар башкы прокурордун маселесин карап жаткан учурда Ак үйдүн алдында 50-60тай адам Аида Салянованы колдоп митингге чыкканы дайын болду.

Кабарчыбыздын айтымында, алар колуна “Аида, эл сени менен”, “Ишиңди аягына чыгар, отставкага кетпе” деген сыяктуу жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Алар президенттик администрацияга отставканын себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылып өкүлдөрүн жөнөткөнү турушат.

“Аида Салянова коррупция менен күрөшкөн жалгыз чиновник болчу. Күйөөсүнө кылмыш ишин козгоп, саясий интрига кылып атышат. Салянова ошонун курмандыгы болууда”,- деди митинг катышуучуларынын бири Талант Акматов.

Салянова саясатчылар менен элдин эсинде кантип калды?

Соңку айларда кызматтан кеткен-кетпегени коомчулукта кызуу сөз болгон башкы прокурор Аида Салянова мамлекеттик ири чиновниктерди, саясаттагы салмактуу депутаттарга кылмыш ишин ачып, түрмөгө отургузганы менен элдин эсинде көбүрөөк калды.

Ал 1972-жылы Нарында төрөлүп, 1991-жылы Фрунзе техникумунун “укук таануу” адистигин, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

Салянова айрым жогорку окуу жайларда укук таануу сабагы боюнча мугалим, 1997-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңеште юридика-эксперттик бөлүмдө эксперт, андан соң Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук реформа бөлүмүн үч жыл жетектеген. Юридика илимдеринин кандидаты, доцент.

Аида Салянова 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин төрт ай укук министри болуп, андан кийин президент Роза Отунбаеванын парламенттеги өкүлү болуп иштеп, 2011-жылы башкы прокурорлук кызматка дайындалган. Бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Салянова мыйзамдуулукту, коррупция менен күрөштү негизги орунга койгон башкы прокурор катары элдин эсинде калды дейт:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

​- Салянова мыйзамды баарынан жогору койгон, принципке бекем турган, башкы прокурордун милдетин так аткарууга аракет кылган инсан катары айырмалана алды. Кыргызчылык, тааныш, жердешке кароо деген түшүнүк анда жок. Андан корккондор өздөрүнүн күнөөсү бар экенин сезгендер.

Аида Салянованын чынында саясаттагы үлкөндөргө кылмыш ишин ачып, алардын коррупцияга катыштыгын коомчулукка тайманбай ашкерелегенин көпчүлүк кубаттаган. Айрымдар Аида Салянова Башкы прокуратуранын абройун көтөрүп, өзү да саясаттагы кубаттуу, таасирдүү фигурага айланганын белгилешет. Ал негизги көзөмөл органын жетектеп турганда Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Исхак Пирматов баштаган ондогон депутаттарга кылмыш иши ачылып, айрымдары камакка алынып, башка депутаттар Саляновага тиш кайрый албай калышкан эле. Анткен менен аны бийликтин каршылаштарына гана бир беткей кылмыш ишин ачып, саясий куугунтук тапшырмасын аткарып турган деп айыпташкандар да бар.

Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова Салянова аял катары бир топ жигердүү иштеген менен ыңкылаптан кийинки коомчулук күткөн реформаларды жасай алган жок деп сынга алды:

- Профессионалдык ишине мен канааттанган жокмун. Революциядан кийинки элдин күткөнү - бул мыйзамдуулук болчу. Мыйзамдуулук орун алдыбы же жокпу, менимче башкы көзөмөл органынын башкарууда Салянова ишенимди актай алган жок.

Анткен менен Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери атын атоодон баш тартып, бирок Аида Салянова прокуратуранын ичинде катуу тартип орнотконун, ага-тууган, дос-жердештерге ылым санаган сапаты жок экенин белгилеп, анын отставкасын көпчүлүк кесиптештери өкүнүү менен кабыл алышканын айтты. Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев башкы прокурор Салянованын тайманбаган, курч мүнөзү анын кол алдындагы бардык кызматкерлерине дух берип турарын айтты:

- Түз, принципиалдуу иштеди. Бизге ошонусу керек болчу. Тайманбаган, эркек мүнөз, жүрөктүү айым. Жакшы иштеди.

Башкы прокуратураны төрт жылга чукул башкарган Салянованын атына көө жапкан айрым маалыматтар жакында гана тарады. 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө баш прокурордун аталаш тууганы Калый Саляновдун тиешеси тууралуу сөз тарап, бирок аны ИИМ кийин жокко чыгарды. 20-январда УКМК Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаров козголгон кылмыш ишин кыскартып берем деп алдоо жолу менен 50 миң доллар алганы иликтенип жатканын кабарлады.

Буга чейин Салянованын күйөөсү тууралуу коомчулукта түрдүү кептер тараган эле. Бирок башкы прокурор өзү анын ишин жолдошу ар дайым колдоп турарын айтып, мактаган жайы бар. Аида Салянованын бир уулу, бир кызы бар.

Интернеттеги соңку сурамжылоолордо басымдуу көпчүлүк Аида Салянованын отставкасын колдобой турганын билдиришүүдө, алар президент баштаган коррупция менен күрөштү дал ушул айым жигердүү улантып келгенин айтышат. Аида Салянова бир ирет парламентте коррупция боюнча сүйлөп жатып “силер кесиптешиңерди коргоп жатасыңар, а мен жүз миңдеген элдин акысын коргоп жатам” деп айтканы да кызуу колдоого алынган эле.

Чек ара качан чеп болот?

Кыргыз-өзбек чек арасы

Акыркы күндөрдөгү Лейлек жана Ала-Бука райондорунун аймагындагы чек ара тозотторунда болгон ок атышуулардан бир чек арачы өлүп, 3 адам жаракат алышы көп суроолорго жем таштоодо.

Бул окуялар кыргыз чек ара кызматында аскердик тартиптин начардыгыбы же кошуна мамлекеттер ортосундагы мамилелерге зыян келтирүүгө кызыкдар чагымчыл күчтөрдүн аракетиби? Ушул жана башка суроолорго тиешелүү адистер жана эксперттер менен бирге жооп издейбиз.

Талкуунун катышуучулары: Чек ара кызматынын төрага орун басары, полковник Абдыкерим Алимбаев, Чек ара кызматынын мурдагы башчысы, генерал Садырбек Дубанаев. Ошондой эле Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев талкууга телефон аркылуу кошулду. Талкууну Бакыт Орунбеков алып барат.

"Азаттык": Абдыкерим мырза, 16-январда Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотунда болгон ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болду. Бул окуя боюнча ар кандай маалыматтар чыгууда. Кандуу окуяга эмне себеп болгон?

Абдыкерим Алимбаев: 16-январдын кечинде бизге баяндама келип түштү, сырттан чек ара тозотуна кол салуу болду деп. Тилекке каршы, окуядан тозоттун командири каза болду, эки жоокер жаракат алышкан. Аларга дароо медициналык тез жардам берилди. Териштирүү иштерине таянсак, чек ара тозотуна сырттан кол салуу болгон эмес, ага бир аскер кызматкерибиз себеп болгондой. Азыр ички иликтөө иштери улантылууда. Аскерлердин денелеринде көкала болгон тактар жокпу деп да баарын текшердик, алардын ортосунда жаатташкан жаңжал болгон эмес. Бир аскер кызматка келгенде эле мүнөзү, жүрүш-турушу менен айырмаланып турган экен, азыр ал окуяга шектелип, иликтенүүдө...

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:10 0:00
Түз линк

"Азаттык": Садырбек мырза, чек ара тозотундагы кандуу окуяны сиз кандай кабыл алдыңыз, кандай баа бердиниз, жаш жоокерлер эмне үчүн мындай кадамдарга барып жатышат деп ойлойсуз?

Садырбек Дубанаев: Мекендин чек арасын коргоого кетип жаткан баланы тандоого көңүл буруш керек да. Үч-алты ай окуйт дагы анан эле курал алып, кызматка киришет. Анын психологиялык абалы кандай, маңзат колдонбойбу, ата-энеси соттолгон эмеспи, жүрүш-турушу кандай, баарын карап, текшерип туруп жөнөтүш керек. Аскер комиссариаттары эптеп, план толсун деп эле жөнөтө беришет. Буга биз баарыбыз көңүл бурушубуз зарыл, мекенчил, өз Ата Мекенин сүйгөн, кызмат кылууга даярдыгын терең талдап чыгышыбыз керек.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:10 0:00
Түз линк

"Азаттык": Саатбек мырза, сиз жетектеген айыл өкмөт чек арачылар менен кызматташабы, аскерлердин социалдык абалы, жашаган жерлери, ичкен тамак-ашы кандай, тааныштыгыңыз барбы?

Саатбек Эгембердиев: Мен аларга кирип эле жүрөм, шарттары жакшы, бизге жакын тозотто эки кабаттуу типтүү имаратта турушат, жатаканалары жакшы, тамак-аштан, башка маселелерден проблемалары жок, командири менен биз жакшы мамиледебиз. Эгерде алар кандайдыр бир жардамга муктаж болсо, айылдык кеңештин депутаттары менен бирге жардамдашууга даярбыз. Өткөн жылы да чек арада болгон окуялар учурунда айыл өкмөттөрү, жөнөкөй эле эл биздин аскерлерге, чек арачыларыбызга колунан келген жардамдарын өздөрү эле алып барып берген учурлар көп эле болгон....

Бишкекте "Шарли Эбдого" каршы чыгышты

Бишкектин Горький сейил багында франциялык “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын карикатураларына каршы “Мен Шарли эмесмин, мен Мухаммед пайгамбарды сүйөм” деген аталышта тынч митинг болуп өттү.

Тынч митингге саясатчылардан Камчыбек Ташиев, Равшан Сабиров, парламент депутаттарынан Турсунбай Бакир уулу, Ыргал Кадыралиева да катышты.

Сөз алгандардын улам бири чогулгандар менен бирге "Алла улук" деп кыйкырып жатышты. Акцияга милициянын маалыматында беш жүз, уюштуруучулардын эсебинде миңдей адам катышты. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу франциялык журнал сөз эркиндигине жамынып алып, мусулмандардын ыйык сезими менен ойноп жатат деп нааразы.

- Сөз эркиндигин кыргыздардай эч ким баалабайт. "Баш кесмек бар, тил кесмей жок" деген макал кыргыздарда гана бар. Америкада, Францияда мындай макал жок. Сөз эркиндиги деп эле баарын айта бергенге болбойт да. Журнал карикатуралары менен пайгамбарды шылдыңдап жатат. Макул, мусулмандарды, президентин сындасын, бирок пайгамбарга неге асылышат? Алар чектен чыгып кетишти. Мусулмандардын ыйык сезими менен ойноп, намысына тийишти.

Акцияда сөз сүйлөгөндөрдүн көбү пайгамбардын карикатуралары аркылуу ислам дүйнөсүнө каршы атайын чагым уюштуруп жатат деп, Батыш өлкөлөрүн айыпташты. Алар “Шарли Эбдо” журналына болгон кол салууда каза болгондорду пайгамбарды мазактаганы үчүн жазаланды деп эсептешет.

Сөз эркиндиги менен диндин арасы

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова акцияга чыккандар адамдын фундаменталдык укугу эсептелген сөз эркиндиги түшүнүгүн четке кагып жатканына нааразы. Анын ою боюнча мындай нааразылык акциялары эркин ой жүгүрткөн журналисттердин оозун жапканга барабар.

- Ушундай митингге саясатчылардын да катышканы алардын сөз эркиндигине карата каршы пикирин билдирет. Алар журналисттердин укугун, өнүгүүгө болгон жолду унутуп жатышат. Карикатуралар, шарждар кандайдыр бир пикир билдирүүнүн жолу. Биз эч убакта журналисттерге "аны кыл, муну кылба" деп айта албайбыз. Карикатуралар аркылуу коомдогу терс көрүнүштөр чагылдырылат.

Дин менен сөз эркиндиги ортосундагы аялуу маселе боюнча саясатчылардын митингге чыгып, пикирлерин ачык билдириши шайлоо алдында упай топтоону көздөйт дегендер да жок эмес. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев билдирди:

- Бир жагынан караганда Францияда атайын эле чагым болду. Алардын бир жактуу эле мусулмандарды жамандап жатканы туура эмес. Бирок биздин саясатчылар ушул акцияны да өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишти. Анткени, шайлоо жакындап калды. Алар ушундай акциялар аркылуу аброй топтогонго аракет кылышат.

Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба...

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов “Шарли Эбдо” журналы улам нускасын көбөйтүп, мусулмандар улам бир акцияга чыккан тирештин арты өкүнүч менен аяктарын эскертет. Ал мусулмандарды акцияга эмес, сабырдуулукка чакырат.

- Мусулмандарды сабырдуулукка, токтоолукка чакырат элем. Биз Мухаммед пайгамбарды өрнөк тутуп, бийик болушубуз керек. Мындай учурда мусулмандар өзүнүн бийиктигин көрсөтүшү керек. Кыргыздар "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп коюшат эмеспи.

7-январда Париждеги “Шарли Эбдонун” кеңсесине куралчан кишилер бастырып кирип, басылманын сегиз кызматкерин жана дагы төрт адамды атып кетишкен. Кылмышкерлер муну журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатуралары үчүн өч алуу экенин айтышкан. 14-январда журналдын жаңы санында Мухаммед пайгамбардын дагы бир карикатурасы жарыяланган. Анда пайгамбар “Мен Шарлимин” деген жазууну кармап турганы тартылган. Буга бир катар өлкөлөрдө миңдеген мусулмандар нааразылыгын билдирип, көчөгө чыгышкан.

Бишкекте өткөн акция
Бишкекте "Шарли Эбдого" каршы митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Энелер педофилдерге каршы

Бишкекте өткөн акция.

20-январда балдардын зордукталып жатышына нааразы болгон энелердин тобу Ак үйдүн алдына акцияга чыгып, бул маселеге бийликтин көңүлүн бурдурууга аракет кылышты.

Алар Жогорку Кеңеш депутаттарына балдарды зордуктоого барган кылмышкерлерге жазаны күчөтүү талабын койду.

Аёосуз токмоктолуп, ошону менен бирге эле зордукталды делген эки жаштагы Ибрагимдин азыркы чалажан абалы башкалар сыяктуу эле Бишкек шаарынын тургуну Мээрим Нусупованы да кайдыгер калтырган эмес. Ал социалдык түйүндөр аркылуу пикирлештерин таап, Ак үй алдында митинг өткөргөндөрдүн бири. Нусупова балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулукка баргандар үчүн жазаны катаалдантууну талап кылууда.

- Негизи энелердин көбү балдарды зордуктаган "жырткычтарды" өлүм жазасына тартууну каалайт. Бирок биздин мамлекетте мындай мыйзам кабыл алынбайт. Анткени Кыргызстан укуктук мамлекет. Өлкөбүз бул багытта көптөгөн эл аралык декларацияларга кол койгон. Андыктан педофилдерди өмүр бою түрмөгө кесүүнү талап кылабыз. Мындай кылмыш менен камалгандарга эч качан мунапыс берилбеши керек. Алар биздин коомго аралашпасын.

Акцияга келген энелердин арасында андай кылмышка баргандарды атууга өкүм кылуу, эл алдында соттоо же бычуу сунуштарын айткандар да болду. Алардын бири Ыргалай Бекмуратова:

- Бул боюнча эң күчөтүлгөн жаза - атуу. Такыр айла болбосо, бычып салуу керек. Бачабаздар өмүр бою кылган ишине өкүнүп, азап тартып өтө турган болушу зарыл.

Былтыр Жогорку Кеңеште балдарга карата жыныстык зомбулукка баргандарга химиялык кастрация жасоо сунушталып, ал парламенттен өтпөй калган. Долбоордун демилгечилеринин бири Турсунбай Бакир уулу парламентке ошол беренени кайрадан сунуштаганы жатат:

- Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары “өткөндө ал мыйзамды жакшы коргой албай калыптырбыз, эми аны кайра алып кириңиз” деп суранып жатат. Ушул маселе боюнча өткөндө спикерге да кайрылдым. Жогорку Кеңештин жакында чыккан токтому боюнча Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү боюнча мораторий бар экен. Бирок мен Кылмыш-жаза кодексине педофилдерди бычуу боюнча толуктоо киргизүүнү сунуштап, аны талкууга коюуну тездетүүнү сурандым.

Депутаттын айтымында, аталган мыйзам долбоорунда бачабаздык кылган кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратып, ошол эле учурда бычып салуу каралган.

Акчага бааланган балдардын тагдыры

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын бир күн мурда уюштурган маалымат жыйынында айтканына караганда, бачабаздык кылгандарды кастрациялоо узак жараянды жана көп каражатты талап кылат.

- Мен жеке өзүм эне катары педофилдерди кастрациялоону колдогом. Бирок ага аябай көп чыгым кетет экен. Биринчиден, зөөкүрдү бюджеттин эсебинен багабыз. Анан ага төрт ай сайын укол сайып туруу керек. Ал дары-дармек өтө кымбат, ар бир кишиге 1200 доллар сарпталат.

Вице-премьер-министр коомчулук жана өкмөт балдардын коопсуздугун коргоо үчүн алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштап жатат. Анын баамында, өкмөт, ата-эне жана коомчулук жапатырмак киришпесе, балдарга карата жасалган зомбулукту алдын алуу кыйын.

20-январда Ак үй алдына митингге катышкан энелердин бири Асел Сулайманованын айтканына караганда, чынында эле коомчулукта, ата-энелердин өзүндө кылмышка маани бербестик бар.

- Мен Бишкектеги №3 балдар ооруканасына барсам, андагы дарыгерлер акыркы кезде мындай окуяга туш болгон балдар көп болуп жатканын айтышты. Дарыгерлердин билдиргенине караганда, мындай окуя болгон учурда баланын туугандары милиция чакырбай эле ишти жаап коюуну суранышат экен.

Туугандары тарабынан сабалып, учурда Бишкектеги 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки жаштагы Ибрагимдин зордукталганын экспертиза аныктаган болчу.

Мындан тышкары наристе ур-соккуга алынганы да маалым болгон. Ибрагимди уруп-сабап, зордуктоого шектелген атасынын агасы жана анын аялы кармалып, эки айга камакка алынган.

Ибрагимди 11-январда эс-учун жоготкон абалында Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына таштап кетишкен. Учурда бул окуя коомчулукта, социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, зордуктоого баргандарга жазаны катаалдантуу сунушталууда.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук жыл сайын өсүп жатат. Маселен, 2010-жылы бул багытта 75 факты катталса, 2013-жылы 1300 бала зомбулукка кабылган.

Балдардын зордукталышы энелерди да ойготту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Кыргыз базарындагы орус машинелери

Кыргыз базарындагы орус машинелери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Куловдун карааны көрүнгөн тендер

Өткөн жылы май айында жогорку кызмат адамдарына жана алардын жакындарына таандык компанияларга мамлекеттик тендерлерге катышууга тыйуу салган мыйзам күчүнө кирген болчу.

Жогорку кызмат адамдарына жана алардын жакындарына мамлекеттик тендерлерге катышууга тыйуу салган мыйзам натыйжалуу иштебей жатканы айтылууда.

Анткени чиновниктер же парламент депутаттары өздөрүнүн компанияларын башка бирөөгө каттатып коюп, ири мамлекеттик тендерлерди утуп алган фактылар катталууда. Буга бир мисал катары парламенттеги башкаруучу коалициянын башчысы Феликс Куловдун кызы Жамийланын наамына жазылган компания Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча тендерден утуп алган.

“Темир” генералдын кызы темингенде...

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын башчысы жана “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Куловдун кызы Жамила Кулова көп жылдан бери АКШда жашап жүргөн. Ал Кыргызстанга келип, башка ишкер өнөктөштөрү менен биргеликте “Строй Next” деген курулуш компаниясын түптөгөн. Бул компания Бишкекте көп кабат үйлөрдү куруу менен алектенип келген. “Строй Next” 2014-жылы Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча башка 13 компаниянын катарында мамлекеттик тендерди утуп алганы белгилүү болду. Бул ишти экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы былтыр эле иликтей баштаган. Башкы прокуратура аны өз көзөмөлүнө алганын депутат Дастан Бекешовго жөнөткөн расмий жообунда көрсөткөн. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешов иликтөөнүн жыйынтыгы эмне болгону боюнча ошондон бери дайын жок экенин айтты:

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

- Былтыр август айында мына ошол маалыматты мен сайтка чыгаргамын. Андан кийин бийликтеги адамдын жакындары тендерге катышпайт деген тыйуу боюнча мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Башкы прокуратурага суроо-талап жөнөткөмүн. Ал жактан мага бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын кабарлашкан болчу. Бирок мына ошондон бери анын жыйынтыгы боюнча мага эч кандай маалымат берилген жок. Бул маселени кайрадан көтөрүп, жакында Башкы прокуратурага кат жөнөтөм.

Мыйзам ким үчүн жазылган?

Жогорку Нарын каскадынын расмий сайтында курамына Жамила Кулова кирген “Строй Next” компаниясы утуп алган тендердин баасы көрсөтүлгөн эмес.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

Бул курулушту Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн макулдашуусунун негизинде “Русгидро” менен “Электр станциялары” компаниялары баштаган болчу. Кыргызстан тараптан бул тармакты “Ар-намыстан” жылдырылган вице-премьер-министр Валерий Диль көзөмөлдөйт. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова бул маселе Куловдун жеке өзүнүн саясий жоопкерчилигиндеги иш экенин айтты:

- Жогорку кызматтагы аткаминерлер менен депутаттар жана алардын жакындары мамлекеттик тендерлерге катышууга укугу жок деген ченем киргени менен мыйзамдын талабы сакталбай жатат. Депутаттар өзүбүз чыгарган мыйзамды өзүбүз урматташыбыз керек эле. Бирок эми ал киши саясатка жакында келген жаш депутат эмес. Мыйзамды жакшы билет. Анан эми мына ошол мыйзамды билип туруп, өзүнүн бир жолун же багыттарын тапса керек.

Кызыкчылык менен укуктун аралыгы

Бул жагдай боюнча Феликс Куловдун өзү менен же анын саясий санаалашы Валерий Диль менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси боюнча комитет төрагасы Кожобек Рыспаев мында саясатчынын бойго жеткен ишкер кызынын укугун да эске алуу керек дейт:

- Жогорку кызмат адамы тендерлерге катышканга укугу жок. Ошон үчүн бизнес ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет. Бирок депутат ага өзү катышпаган менен анын аялы же балдары бизнесте жүргөн болсо, ал жагы кандай болот, билбейм. Алардын дагы өзүнүн укугу бар да. Биз алардын укугун тебелеп коюп жатабыз да. Кулов биздин фракциянын лидери, эгерде өзүнүн жакындарына тендерден утуп алганга жардам берип, кандайдыр бир көмүскө иштерди кылган болсо, анда бир жөн эле.

“Строй Next” компаниясы 2014-жылы 30-июнда Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Эки жылдан кийинки бул өзгөртүүлөр Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы юридикалык жактардын маалымат базасында көрсөтүлгөн. Анда негиздөөчүлөрдүн курамынан Жамила Кулова чыгарылып, жалгыз Андрей Кисленко деген адам гана калган. Жамила Кулова ага компаниянын болгону бир пайыз үлүшү гана таандык экенин былтыр интернет сайттарына жарыялаган. Өткөн жылы май айында жогорку кызмат адамдарына жана алардын жакындарына таандык компанияларга мамлекеттик тендерлерге катышууга тыйуу салган мыйзам күчүнө кирген болчу.

Баткен: тозотко чек арачы өзү кол салган

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети 19-январда Баткендин Лейлек районуна караштуу “Айкөл” чек ара тозотундагы кандуу окуяны жабык талкуулады.

Ал арада бир кишинин өмүрү кыйылган бул окуянын айрым бир жагдайлары анык боло баштады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы “Айкөл” чек ара тозотунун комнадирин өзүнүн кол алдындагы кызматкери атканын тастыктады. Аталган кызматтын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, шектүү деп кармалган чек арачы күнөөсүн мойнуна алды.

- Алдын ала иликтөө боюнча “Айкөл” чек ара тозотундагы куралдуу кол салууну аталган чек ара тозоттогу чек арачы уюштурганы аныкталды. Ал чек арачы күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берди. Ушул тушта иликтөө уланууда. Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана бул кылмыштын себебин тактоо жүрүп жатат.

Парламенттеги Коргоо жана коопсуздук комитети бул кандуу окуяны жабык талкуулады. Комитеттин төрагасы, “Республика” фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков тергеп-иликтөө иштерине тыкыр көз салынат деп ишендирди.

- Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен ачык айтыла турган маселелер чыгат. Анткени, экспертизалар дайындалды. Мисалы, бир жоокер өзүн-өзү бутка аткан деп айтылып жатат. Ал да экспертиза менен аныкталышы керек. Тергөө бүткүчө комментарий берүүгө негиз деле жок.

Ал арада бул кандуу окуянын айрым жагдайлары анык боло баштады. Күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактардын маалымдашынча, кол салууну уюштурган жоокер мындай кадамга атак алыш үчүн атайылап барган. Кайсы бир эрдиги үчүн “баатыр” деген наам алаары тууралуу жоро-жолдоштору менен ири суммадагы акчага мелдешкен деген сөздөр болгону айтылууда.

Баткен облусу, Лейлек району
Баткен облусу, Лейлек району

​Кадамжай районунун 19 жаштагы бул тургуну чек ара кызматына өткөн жылы күзүндө кабыл алынган экен. Ушул тушта аскерде кызмат өтөөгө жарамдуу деген медициналык маалымдамасы жалган экени аныкталды. Алдын ала иликтөөлөрдө ал жоокер 16-январда түңдө күзөттү текшерүү үчүн келген чек ара тозоттун командири менен анын орун басарын сырттан терезеден аткан. Андан соң куралдуу кол салуу болду деген шылтоону айтуу үчүн өзүн-өзү бутка аткан деп айтылууда.

Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү Хаит Айкынов бул окуядан кийин ички тартипке, жоокерлердин абалына көбүрөөк көңүл буруу керектигин айтууда.

- Чек ара кызматы мурдагыга салыштырмалуу шартын бир топ жакшырткан. Улуулардын кичүүлөргө зордук-зомбулугун, үстөмдүгүн азайтуу үчүн бир чакырылыштагы гана жоокерлер кызмат өтөп калган. Азыр эми бул окуя ички тартипти өзгөртө турган реформа жүргүзүү керектигин көрсөтүп жатат. Аскер кызматкерлердин моралдык тарбиясына көбүрөөк көңүл буруу керек.

Кыргыз жоокери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок
Кыргыз жоокери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

​"Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова такай курал кармап жүргөн чек ара жоокерлерин тандоо, кабыл алуу иштери начар болуп жатканына токтолду:

- Биринчиден, балдарды тандап жаткан аскер комиссариатын күнөөлөйм. Чек ара кызматына негизи бардык жагына төп келген балдар алынышы керек. Алар патриот, эл-жеримди коргойм деген максаты болуш керек. Улуттук гвардияга, Коргоо министрлигине биринчи категориядагы балдар алынат. Чек ара кызматына да дал ушундай категория менен тандалышы керек. Анткени, алар деген күнү-түнү курал менен жүргөн аскерлер өтө кылдат текшерилиш керек. Азыр аскерге чейинки текшерүү деген дээрлик аксап калды. Армияга чейинки тартип, армияга чейинки даярдык деген болушу керек эле. Ушундай иштерге барып жаткан балдар психологиялык жактан маселелери болушу мүмкүн. Көп аскер комиссариаттарында психологдор, психотерапевттер жок.

Чек ара кызматында катардагы жоокердин командирине кол салган фактысы буга чейин да болгон. 2012-жылы августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш туругунда Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы командири баштаган төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан эле.

Орду бар, өзү жок депутаттар

“Республика” фракциясы депутат Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу сунушун киргизди. Жогорку Кеңештин комитети ал маселени шейшемби күнү кароону чечти.

Буга чейин канча депутат мандатынан ажыратылды жана дагы канчасы ажырашы мүмкүн?

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы өз мүчөсү Элмурат Обдуновду депутаттык мандатынан ажыратуу демилгесин көтөрдү. Фракция мүчөсү Кенжебек Бокоев бул демилгени Обдуновдун парламент жыйынына көп мезгилден бери келбей, мамлекет жөн эле чыгымга учурап жатканы менен байланыштырды:

- Жумушка келбеген депутаттар бир эле өзү жалгыз айлык алып жаткан жок. Андан тышкары, анын кеңешчиси, жардамчысы, айдоочусу бар. Иш бөлмөсү бар. Ошонун баарына чыгым болуп жатат. Жумуш деген эмне? Бул деген мамлекетке кызмат көрсөтүү. Парламентте отуруп мыйзам чыгарып, аларды окуу. Мыйзам чыгарбасаң добуш берүүгө катышып, суроо бер.

“Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу маселесине токтолуп, ал жарым жылдан бери парламентке келбей жатат деп билдирген.

Элмурат Обдуновго 2012-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартууга уруксат сурап, парламентке кайрылган. Ал депутат болгонго чейинки кызматында 400 миң сомду мыйзамсыз алып кеткен деп шектелген. Бирок парламент жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева Элмурат Обдуновго байланыштуу маселени комитет 20-январдагы жыйынында карарын айтып, бирок Обдунов ооруп жатканы тууралуу кагаздарын берип жатканын кошумчалады:

- Комитеттин отурумунда бул маселе каралат. Бирок фракция депутаттын келбегенинин себебин карабаптыр. А биздин комитет андай маселени ай сайын карайт. Обдуновдун келбей жатышы боюнча бюллетен түшкөн. Ал ооруканада жатканы боюнча кагаздары бар экен.

Айнуру Алтыбаева парламент жыйынына көп келбей жаткан депутаттардын катарында Нурлан Төрөбеков, Азиз Суракматов, Урмат Аманбаева, Ыргал Кадыралиева, Динара Исаева жана Улан Чолпонбаев бар экенин маалымдаган.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Нурлан Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага анын отуз күн сессияга келбей коюшу себеп болгон.

Соттун чечими менен Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов депутаттык мандатынан ажыратылган. Азыркы кезде депутаттар Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков боюнча соттук иштер аягына чыга элек. Ошондуктан, алардын мандат маселеси соттун чечимине жараша чечилмекчи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков депутатты мандаттан ажыратууда Конституция жана Жогорку Кенештин “Регламенти жөнүндөгү” мыйзамга ылайык иш жүргүзүү керек деп эсептейт.

Белгилүү болгондой Кыргызстандын Конституциясы депутатты мандатынан ажыратуунун бир нече жолун гана караштырган. Алардын катарында депутаттын өзү арыз бериши, жарандуулугун алмаштыруусу, башка ишке которулуусу, соттун чечими күчүнө кириши, фракциядан арыз менен чыгуусу жана 30 күн сессияга катышпай коюу себептери бар. Конституция депутатты чакыртып алууга жол бербейт.

Быйыл күзүндө кезектеги парламенттик шайлоо болот. Шайлоого аз калгандыктан депутаттарын сессияга катышуусу да сейректешин талдоочулар белгилешет. Парламенттин мурунку мүчөсү Бейшенбек Абдыразаков азыр депутаттардын сессияга аз катышып жатуусун жаңы шайлоо өнөктүгү менен байланыштырат:

- Албетте, шайлоого байланышы бар. Учурда сессия болуп жатса да азыркы депутаттар элди кыдырып, эч ким бара электе эл менен жолугушуп, добуш алганга, элдин көңүлүн алганга аракет кылып жатат. Бизде белгилүү да, шайлоого аз калганда бир-эки ай бою элди “бейишке” чыгарат.

Бейшенбек Абдыразаков депутаттардын сессияга аз катышуусунун дагы бир себебин анын курамына көп ишкер жана коммерсанттардын шайланышы менен байланыштырат. Анын тажрыйбасы боюнча депутат болуп шайланган мугалим, мамлекеттик кызматкер жана дарыгерлер тартиптүү келип, сессияга такай катышат. Ал эми бизнес чөйрөсүнөн келгендер андай эмес.

Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүү "музду эрите" алабы?

Кыргыз-тажик чек арасы

Өткөн жума соңунда Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топ ишин баштады.

Акыркы он эки жылда эки өлкө чек арасын аныктоо маселесинде алгылыктуу жылыштар болгон эмес. Жергиликтүү тургундар бул жолку сүйлөшүүдө натыйжа болуп, талаш-тартыштарга чекит коюлар деп үмүт артып турушат.

Талаш жараткан карта

Баткен облусу кошуна Тажикстан менен 650 чакырымдан ашыгыраак аралыкта чектешип турса, анын 70 пайыздайы али эки тараптуу тактала элек, шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат.

Чек аранын тоолуу аймактары гана такталып, калк жашаган аймактарда талаштар арбын. 2002-жылдан бери эки өлкөнүн чек араларын аныктоо боюнча атайын комиссиянын иши алга жылбай, кайсы жылы чийилген карта менен чек араны аныктайбыз деген маселеде орток пикир табылбай келген.

Буга чейин чек ара маселелерин жөнгө салуу үчүн эки тараптуу 32 протоколго кол коюлуп, жыл сайын бир нече ирет жолугушуулар өткөнү менен да жарытылуу жыйынтыктар болгон эмес. Бул жолку жолугушууга Орусиядан атайын бирдиктүү карта алып келинип, ал сүйлөшүүлөрдө колдонулары айтылган.

Андан тышкары быйылкы жылы Кыргызстан Бажы биримдигине киргенинен улам кандай гана болбосун чек арадагы талаштуу маселелер такталышы керек дегендер да бар.

Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов тажикстандык атайын жумушчу топ менен жолугушууларда бир нече ирет катышкан. Анын айтымында, бул жолку жолугушууда жакшы жылыштар болот деген үмүт бар. "Анткени, кошуналар да чек арадагы талаш-тартышка чекит коюуга кызыкдар болуп, маселе бышып жетилди", - дейт аким.

- Бул маселе боюнча тынымсыз иш жүрүп эле келатат. Бирок юридикалык жактан бир аз дал келүү болбой жаткан. Акыркы убакта Тажикстан тарап да бул маселеге чекит коюп, чек аранын такталып, кайтарылышына кызыкдар болгону байкалууда. Менимче, чек араны аныктоодо эми иш алга жылат.

Чек ара сызыгы коопсуздуктун кепилдигиби?

Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен районунун Ак-Сай айылынын аймагы
Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен районунун Ак-Сай айылынын аймагы

Чек ара сызыгы канчалык эрте аныкталып, такталса, чек арачылардын жумушу да жеңилдеп, чырлар да кыскармак дешет адистер. Ар дайым жайыт, сугат суу жана турмуш-тиричиликтин айынан келип чыккан келишпестиктер чек ара сызыгынын талаштуу экенине келип такалат.

Баткен чөлкөмдүк Чек ара башкармалыгынын ордо зардалы Адыл Сейдалиевдин айтымында, такталган чек араны кайтаруу иши да жеңилдеп, кошуналар менен мамиленин оңолушуна да шарт түзүлмөк.

- Жер, чек ара маселеси чечилип калса, чыр-чатактарга барбайбыз. Мамлекеттик чек ара аныкталса, бул достук чек арасы болуп калат эле. Биз жана тажик тараптын чек арачыларына чек араны кайтарууда жеңил болмок.

Өткөн жылдын башында кыргыз-тажик чегиндеги болгон келишпестиктерден улам эки тараптуу жолугушуулар байма-бай өтүп турган. Анын негизинде эки өлкө чектешкен айылдарды айланып өтүүчү жолдор курулду. Бул иштер чыр-чатактарды алдын алуунун, жаңжалдарды айланып өтүүнүн аракети болду.

Чек арадагы жаңжалдарга байкоо салып, саресеп жүргүзгөн Базарбай Масейитовдун айтымында, жергиликтүүлөр эки тараптуу жолугушуудан жакшы үмүт артып, маселенин аздан болсо да алга жылышына кызыкдар болуп турушат.

- Бир эки жолугушуудан дайым эле майнап чыкпайт, муну тез-тез өткөрүп туруу керек. Эки тараптан түзүлгөн комиссия картага эле таянбай, элдин да сунушун угушу керек. Чек араны кантип чечүүнүн жолдорун алар да айтышат. Эки элдин азыркы жашап жаткан абалын эске алуу менен иштин жүрүшүн тездетиш керек. Ошондо кыйла маселе жөнгө салынмак.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо кайсы жылдардагы картага таянып, иш алып барабыз деген маселеде эки тараптын пикири дал келбей, эки жыл мурда ушул маселени чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Тил менен ойнобойлу

Тил деген да эл сыяктуу эле бирде кемип, бирде толуп турат. Сууга суу, дайрага дайра кошулгандай эле сөзгө сөз кошулуп байыйт. Ансыз тил өнүгүп-өспөйт.

Бөлөк-бөтөн тилден кирген сөздөр так ошол калыбында кабыл алынбайт. Бөлөк тилден кирген сөздөр ошол тилдин тыбыштык өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүп, өз элине таандык мүнөз, сапатын жоготуп олтуруп, тигил же бул элдин тилине сиңип кеткенден кийин ошол элдин төл сөзүнө айланып калат.

Мисалы, “чер токой” деген маанини билдирген монгол элинин “шэбер” деген сөзү биздин тилге киргенден кийин “шибер” деп айтылып, “калың чөп” дегенди туюнтуп калган. Ошол сыяктуу эле арабдар азыр кыргыздын “эсил” деген сөзүн түшүнбөйт. Кыргыз адам өлгөндө “эсил кайран киши” деп коет. Мына ушул “эсил” деген сөз арабдын “хасил” деген сөзүнүн өз тилибиздин мыйзамына ылайык “өздөштүрүлгөндөн” кийинки бизге сиңип кеткендеги түрү.

Мындай сөздөр толтура. Арабдын “шак” деген сөзү “шек” болуп, “сабап” дегени “себеп” болуп, “хермиз” дегени “кырмызы” болуп, “худрат” дегени “кудурет”, “нукат” дегени “нокот”, “кибула” дегени “кыбыла”, “масала” дегени “маселе”, “бекиш” дегени “бейиш”, “хаптиак” дегени "аптээк”, “дузак” дегени “тозок”, “кылта” дегени “келте”, “мэх” деген “мээр” болуп таанылгыс өзгөрүп кабыл алынганы биздин атактуу окумуштуубуз Карбоз Дыйкановдун эмгегинен белгилүү.

Тил менен ойнобойлу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00
Түз линк

Мындай дагы бир кызыктуу көрүнүштөр бар. Тээ бир кездерде “кароол” деген өзүбүздүн төл сөзүбүз орус тилине кирип “караул” болуп, “чулгоо” деген сөзүбүз “чулки”, “түрмө” деген сөзүбүз “тюрьма”, “теңге” дегенибиз “деньги”, “казына” дегенибиз “казна”, “казыначы” дегенибиз “казначей”, “ордо” дегенибиз “орда”, “коргон” дегенибиз “курган”, “бүркүт” дегенибиз “беркут”, “кымыз” дегенибиз “кумыс” болуп орусташып кеткен. Бул деген тилдердин аргындашуусундагы мыйзам ченемдүү эле көрүнүштөрдүн бири.

Мисалы, бүгүн кыргыз тилине эл аралык “меценат”, “менеджер”, “менеджмент”, “фирма”, “магистр”, “магистратура”, “ломбард”, “лицензия”, “листинг”, “маркетинг”, “легитим”, “кредит”, “коммерция”, “глобализация” өңдүү экономикалык жана юридикалык жаңы терминдер келип кирди. Тилибиз ушул жаңы сөздөр менен байыды. Буларды биз кандай болсо так ошондой кабыл алдык. Эл аралык мындай терминдерди кыргыз тилине которуунун зарылдыгы жок деп ойлойбуз.

Тилекке каршы биздеги руханий жан дүйнө боштугун толтуруу үчүн аракет кылып жаткандардын айрым бирөөлөрү араб тилиндеги терминдерди, айрым бир тил сына турган аталыштарды, сөздөрдү эне тилибиздин байыртан келаткан ички мыйзамына баш ийдиртпестен арабча кандай айтылса так ошондой айтылышы керек деп таңуулап, арабдар каалагандай сүйлөтүүнү, арабдар каалагандай айттырууну көздөп жатат.

Далилдерге таяналы, биз айтып же жазып жүргөн “аалым” же “окумуштуу” дегенди араб тилинде “халим”, “илим” дегенди “хилм”, “садаганы” “садака”, “адал” дегенди “халал” деп айтып, жазышыбыз керек экен. Минтип таңуулоонун артында эмнелер жатат? Атам замандан бери эле “адал-арам” деген эмне экенин эң сонун билген кыргыз урпактары өз элинин тилин сатып жүргөн үгүтчүлөрдүн айткан-дегенинен чыкпай, оңой оомалыгын карматып, соода дүкөндөрүн “халал” деп атай башташты. Алтургай эл сүйгөн төкмө акындарыбыздын динге фанат болуп бараткан айрымдары эл алдында “адал” деп ырдоонун ордуна “халал” деп ырдаганга өттү. Өз мезгилинде ислам динин ыйык туткан жез таңдай Жеңижок да азыркыларчылап “халал” деп ырдаган эмес.

От менен ойносо болот. Бирок минтип, кара башыл калктын ар-намысы болгон, эң эле аялуу, эң эле кымбат нерсеси болгон Эне тили менен ойногон жакшылыккка алып барбайт. Кудай деген бирөө. Ал Күн сыяктуу Жер үстүндөгү бардык элдерге тилине, динине, дилине карабастан бирдей тийип турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG