Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:00

Кыргызстан

Өкмөттүн тагдыры Кумтөрдөн көз каранды

Kyrgyzstan -- Newly formed cabinet ministers and Joomart Otorbaev, Prime-minister of Kyrgyzstan, April 02, 2014

​Парламенттеги башкаруучу коалиция азыркы өкмөттүн тагдыры Кумтөр маселесинен көз каранды экенин айтса, айрым депутаттар азыртан эле Оторбаевдин ордун көздөгөн талапкерлер пайда болгонун айтышууда.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөт тарайт же тарабайт деген сөздөр жыл жаңырары менен күчөдү.

Оторбаев бул сөздөрдү расмий төгүндөп, кызматтан кетүү тууралуу ою жок экенин айтканы да өкмөттүн отставкасы тууралуу сөздөрдү басаңдата албагандай. Маселен, “Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев өкмөттүн отставкасы тууралуу сөздөр депутаттар арасында да өз ара кызуу талкуу жаратып жатканын, ал тургай өкмөт башчылык кызматка талапкерлердин да аттары аталып жүргөнүн “Азаттыкка” ачыктады:

- Оторбаевдин өкмөтүнө маанай жакшы эмес, көп сын-пикир бар. Оппозициялык фракциялар гана эмес башкаруучу коалициядан да түрдүү сындар бар. Жогорку Кеңештин Кумтөр маселеси боюнча чыгарган токтомдору аткарылбаса, анда өкмөт чын эле отставкага кетет деп ойлойм. Өкмөт башчы болом деп азыртан эле Сариев, Сарпашевдер чуркап жүрөт.

Анткен менен Дыйканбаевдин бул сөзүн башкаруучу коалициянын мүчөлөрү четке кагууда. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн иши Кумтөр маселесин чечүүдөн көз каранды экенин жокко чыгарбайт, бирок азырынча Оторбаевдин кызматынын чегинүүгө маанилүү себептер жок экенин билдирди:

- Азырынча өкмөттү кетиргенге себеп жок, балким Кумтөрдүн чечилишине жана кыштан элди алып чыгышына карап, баа берилиши мүмкүн. Бирок муну мүмкүн деп гана айтам, азыр бар же жок деп мен айта албайм.

Өкмөттү курагандардын катарындагы “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов да ушундай эле пикирде. Өкмөттү кетирүүгө шашкан эч ким жок деди Кулов:

-Менимче, азыр өкмөттү кетиргенге себеп жок, бизге туруктуу өкмөт керек.

Мындан бир апта мурун өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзү журналисттерди чогултуп, отставкага кетүүгө арыз жазыптыр деген сөздөрдү четке каккан. Ал керек болсо дагы тогуз айдан кийин өтчү парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө салым кошом деген ниетин айткан. Социал-демократтар фракциясынын лидери, көпчүлүк коалициянын башчысы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” курган маегинде өкмөттүн тагдыры Кумтөр маселеси менен байланыштуу экенин ачыктады.

- Жогорку Кеңештин токтомунда көрсөтүлгөн чечим чыгышы зарыл. Жок эле дегенде принципиалдуу маселе болгон 50Х50 пайыз деген биргелешкен компания Кыргызстанда түзүлүшү керек. Аны башкаруу боюнча бизде бир топ сунуштар бар. Азыр Центерранын жетекчиси Кыргызстанда жүрөт. Шарттар аткарылбаса, чечимдер кабыл алынбаса, азыркы өкмөткө биздин эле эмес, элдин да ишеними жоголот.

Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 4-апрелинен бери өкмөттү жетектеп келет. Ага чейин ал биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Премьер-министр Оторбаевге буга чейин айрым саясатчылар чечкинсиз жана жумшак башкаруучу деп сын тагып келишкен, бирок Оторбаевди экономиканы жакшы түшүнгөн, жаңыча көз караштагы таза саясатчы катары сыпаттагандар да жок эмес.

Электрди арзандатуу парламентте да козголду

Эгер өкмөт бааны ылдыйлатпаса, анда Жогорку Кеңеш тарифти аныктоо укугун өзүнө алышы керек деген демилге да көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева парламенттин жыйынында өкмөткө электрге болгон бааны 10 күндүн ичинде 80 тыйынга түшүрүү талабын койду. Анын айтымында, декабрь айында эл электрге жарым-жартылай эски баа менен төлөгөндүктөн кымбаттоону анча сезе берген жок, бирок январь айы үчүн чыга турган төлөмдөр аларды чочутушу мүмкүн.

Депутат тамак-аш кымбаттап, айлык акы көтөрүлбөй турган шартта өкмөттүн электр энергиясынын тарифин 2 сомго чейин көтөрүү саясаты өлкөдөгү туруктуулуктун бузулушуна жол ачышы мүмкүн деп эсептейт.

- Эл кымбатчылыкка да, газы жок жашоого да чыдады. Ошол тынчтык үчүн баарына кайыл болуп жаткан элдин азыр бир эле суранычы - электр энергиясын арзандатуу. Биздин эл абдан чыдамкай, бирок ушул нерсенин өзү эле кайра кооптуу нерсе. Анткени алар чыдап келип, бир күнү жарылышы мүмкүн. Аны токтотуу кыйын болот.

Жылдыз Жолдошева
Жылдыз Жолдошева

Депутаттын пикиринде, электр баасын бычуу укугун парламент өкмөткө берип чоң жаңылыштык кетирген. Эгер бул жолу өкмөт алардын сунушун көз жаздымда калтыра турган болсо, Жогорку Кеңеш тарифти аныктоо укугун кайра кайтаруу жагын карашы керек.

- Эгер өкмөт ушул ишти жасабаса, анда парламент өзү берген укукту алып, элдин талабын аткаруусу зарыл. Албетте электр энергиясына бааны көбөйтүү керек. Бирок аз-аздан кошуу зарыл. Элдин айлыгын көтөрүп бере албагандан кийин кымбаттоолорду эске алып, жок дегенде 10 тыйын кошуп, светтин баасын 80 тыйын кылып берсек, эл ыраазы болмок.

Светтин кымбаттоосу буга чейин кышы катаал жана узак Нарын жергесинде нааразылык пайда кылып, жергиликтүү эл декабрь - январь айларында митингдерге чыккан эле.

Адегенде президент нарындыктардын талабына кескин каршы экендигин билдирген. Бирок ал жаңы жылдан кийин оюн өзгөртүп, Энергетика министрлигине, Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттикке бааны төмөндөтүү тапшырмасын берген.

Агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев депутаттардын бааны 80 тыйынга чейин арзандатуу талабы ишке ашпай турган нерсе экендигин айтып, ансыз деле өкмөттүн ийкемдүү саясатынын негизинде бааны ай сайын арзандатып туруу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирди:

- Ай сайын биз ошону караштырып жатабыз. Мына февраль айынан баштап элге 2 сом 5 тыйындын ордуна 1 сом 82 тыйын, ал эми өндүрүшкө колдонгондорго 2 сом 19 тыйындын ордуна 1 сом 97 тыйын болот. Мартта дагы караштырабыз. Себеби импорттук электр энергиянын көлөмү төмөндөп жатат. Бирок Жылдыз Жолдошева айткандай болбойт.

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Парламенттин электрге бааны аныктоо укугун өкмөткө өткөрүп бериши, өкмөттүн өз кезегинде элдин абалын эске албай туруп бааны кескин кымбаттатып койгондугу алардын бул маселеге жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөттү деп эсептейт энергетика тармагы боюнча көз карандысыз эксперт Эрнис Карыбеков. Анын көз карашында, өкмөттүн бааны ай сайын аныктап туруу демилгеси бул жааттагы туура саясаттын жоктугунан кабар берет.

- Отун-энергетика боюнча агенттик түзүлдү. Анын башчысы Нурбек Элебаев өзүнчө эле кудай болуп алды. Тарифти көтөрөт, кайра ылдыйлатат. Бул туура эмес. Мындай так санап, башка тармактарга таасирин аныктоо керек да. Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликти алышы керек. Бийликтин жогорку бутагы болгон парламент ошол өкмөттү түзүп жатпайбы. Демек баары кайра эле депутаттардын эле колунда.

Электр энергиясын арзандатуу талабы менен өткөн Таластагы митинг
Электр энергиясын арзандатуу талабы менен өткөн Таластагы митинг

Ошентип бийлик башындагылар электр баасын тактоо менен алектенип жаткан чакта эл декабрь айынын жарымы жана январь айы үчүн электр энергиясынын 700 киловатт саатка чейинкисине 70 тыйындан, андан ашыгына 2 сом 5 тыйындан төлөп жатат.

Нарындын тургуну Жеңиш мырзанын айтымында, буга чейин алар кышкы үч ай үчүн светке 12-13 миң сом төлөп келсе, быйыл болгону январь айы үчүн эле 17 миң сом эсеп чыгып келди.

- Бизге колдонгон электр энергиянын эсеби келди, бир айга эле 17 миң сом. Бул дагы кошумча көмүр жагып, электрди үнөмдөгөн учурда чыгып жатат. Азыр бул акчаны төлөй элекпиз, убакыт берген, ошол убакыт аралыгында төлөбөсөк, светти кыркабыз дешкен. Азыр же светке же көмүргө акча таппай жатабыз. Мал саталы десек, ал да арзан болууда. Айла кетсе карыз алабыз же кредит алып эле төлөйбүз да. Башка арга жок азыр. Биз иштеп жүрүп ушундай абалда калдык. Иши жоктор кантип жатат билбейм.

Буга чейин нааразылык билдирген нарындыктарга компенсация төлөп берүү маселеси көтөрүлгөн. Бул сунушту Энергетика министрлиги өкмөткө киргизген. Бирок азырынча эч кандай жооп боло элек.

Салык декларациясынын күңгөй-тескейи

Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады.

Бирдиктүү салык декларациясы деген эмне, ал кыргыз экономикасына кандай пайда алып келет, анын башка күңгөй-тескейи тууралуу “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылдык.

Талкууга Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Анарбек Мойдунов, Салык кызматынын ага инспектору Кадырбек Киркиев жана экономика эксперти Мейманбек Абдылдаев катышты.

"Азаттык": Анарбек мырза, быйылкы башталып жаткан Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда мурдагы жылдарга караганда өзгөчөлүктөр бар деп жатышат. Алар кайсылар, эмне өзгөртүүлөр кирүүдө?

Анарбек Мойдунов: Бул бирдиктүү салык саясаты эки этап менен өтмөкчү. Юридикалык жактар үчүн 1-мартка чейин, жеке адамдар 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга милдеттендирилүүдө. Айталы, жер тилкесин иштетип, мүлк объекттерин ижарага берип жана башка экономикалык ишмердүүлүк жасап, киреше таап жаткан бардык тараптар тапшыруусу зарыл...

please wait

No media source currently available

0:00 0:23:42 0:00
Түз линк

"Азаттык": Мисалы, менин айылдагы жер үлүшүмдү бирөөгө берип, андан акча таап жатам, Бишкектеги бир батиримди бирөөлөргө ижарага берип, андан да киреше табам, ошонун баарын көрсөтүп декларация тапшырышым керекпи?

Анарбек Мойдунов: Албетте, сиз экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүп жатпайсызбы, милдетүү түрдө декларация тапшырууңуз керек.

"Азаттык": Эгер тапшырбай койсо эмне болот?

Анарбек Мойдунов: Тапшырбаса, жеке адамдарга 2 миң сом, юридикалык тараптарга 5 миң сом айып пул салынат...

"Азаттык": Мейман мырза, "Азаттыктын" угармандарынын арасында да Бирдиктүү салык декларациясы боюнча тынчсыздануу бар. Кыргызстанда өзүнүн кирешесин ачык көрсөтүп, ага жараша салык төлөө маданияты, салты калыптана элек. Азыр киргизилип жаткан Бирдиктүү салык декларациясы боюнча кампания канчалык өзүн актайт, натыйжасын берет?

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:10 0:00
Түз линк

Мейманбек Абдылдаев: Менимче, мындай кампания менен эч качан олуттуу иш бүткөн эмес. Бул системалуу түрдө жана мыйзам чегинде жүргүзүлүшү керек болчу. Бизде гана эмес, дегеле бүткүл өлкөлөрдө өз киришесин ачык айтып, салык төлөгөндөр аз. Албетте аларды төлөтүү керек. Бул үчүн жылчыгы жок, жакшы мыйзам түзүп, кынтыксыз көзөмөлдөп, ар бир салык төлөөчүнү каттоодон өткөрүп, эсептөө зарыл. Антпесе азыр экономиканын алтымыш пайызы көмүскөдө. Болгондо да бийликтеги бай адамдардын көбүнүн бизнестери. Биринчи кезекте ошолор салык төлөбөйт.

Шопен жана Пушкин же славяндардын бүтпөс чатагы

Украинаны колдоп, Путиндин саясатын сындаган польшалыктар. Варшава, 23-ноябрь, 2014-жыл

Азыркы Украинадагы улам алоолонуп бараткан согушту, славян улутундагы эки тектеш элдин - орустар менен украиндердин өтө тереңге кетип бараткан чатагын байкап отуруп, бул эки калк илгертен эле эч качан бүтпөгөн талаш менен тартыштын ортосунда жашап келатканы эске түшөт.

Бул талашка ар качандан бир качан поляктар да көп аралашып, ал талаш бир канча жолу чоң согуштун да отун тутантып ийгени тарыхтан маалым. Бул туурасында улуу орус акыны А.С. Пушкиндин:

“Это спор славян между собою,

Домашний, старый спор, уж взвешенный судьбою” - деп айтканы да бекеринен эмес чыгаар.

Ырас, славяндардын бул талашын мезгил мезгили менен аябай дуулдатып ийген тарап - илгертен эле Орусия империясы болуп келген. Ал талашка Украинадан атактуу Тарас Шевченко менен Леся Украинка кошулса, Польшадан Алам Мицкевич менен Фредерик Шопен аралашкан.

Пушкин “эски, үй-бүлөлүк талаш” (“домашний, старый спор”) деп атаган бул талаштын негизги себептеринин бири - качан болсо орустардын саны да чоң, күчү да артыкчылык кылып, илгертен славяндарга үстөмдүк кылуу үчүн аракети. Ошонун натыйжасы - украиндердин мамлекеттик көз карандысыздык үчүн күрөшү, ар кайсы доорлордо орус үстөмчүлүгүнө каршы чыгышы, алардын жакын кошунасы поляктардын Орус империясынын карамагынан чыгыш үчүн бир нече жолку революциясы.

Шопен жана Пушкин же славяндардын бүтпөс чатагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00
Түз линк

Ошол бүтпөс талаштын бир таасын көрүнүшү, эң эле айкын мисалы - улуу композитор, пианист Фредерик Шопен жана анын чыгармачылыгы жана орус акыны Александр Пушкин десек болот го. Шопен Польшанын эң эле атактуу уулдарынын бири, славян дүйнөсүндөгү П.И.Чайковскийден кийинки эле дүйнө музыкасынын төбөсү булут челген сеңири болсо, Пушкин Орусиянын эң эле таанымал акыны.

Шопендин чыгармалары Польша эле эмес, бүтүн маданияттуу адамзаттын орток менчиги, өзү болсо гениалдуу пианист. Ондогон ноктюрндар, полонездер, прелюдиялар, кыска, бирок нуска музыкалык этюддар… Ошолордун ичинде 1830-жылкы антиорустук көтөрүлүшкө арналган “Революциялык этюд”, деле азаттык темасына арналган бир канча полонездер, анын ичинде азыр биз сөз кылганы отурган №2 соната жана ошол сонатанын 3-бөлүгү катары саналган “Аза маршы” да бар.

Шопен
Шопен

Кызык жери, Шопен - дүйнө композиторлорунун ичиндеги барып турган лирик, эң эле сезимтал, өтө бир назик, кыялкеч, ошону менен бирге чыгармаларынын музыкалык жасаты эрте жаздагы байчечекейдин гүлүндөй үлбүрөк композитор десек туура болот. Бекер жеринен гениалдуу музыканттын эң жакшы көргөн гүлү - фиалка, кырмызы жалбырактуу тоо гүлү болбосо керек. Ага мисал поляк композиторунун ноктюрндары, айрыкча атактуу “Тамчы прелюдиясы” деген ат менен белгилүү №24 прелюдиясы. Айтууга караганда, Майорка деген аралда жан шериги Жорж Санд (атактуу француз жазуучусу, классикалык “Консуэло” романын автору, Франциянын атактуу аялдарынын бири) кимдир бирөө менен тоого саякатка кетип, аларды күтө-күтө зарыккан композитор шыбыргактап жааган жамгырдын күүсүнө магдырап, кыял менен сагыныч аралашкан ички бугун ушинтип туюнткан экен…

Болгону 40 жыл гана өмүр сүрүп, бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн Парижде өткөргөн Шопен өз элинин эркиндигин эңсеп жүрүп өтүп кетиптир. 1812-жылдагы согушта Орусия Наполеонду жеңгенден кийин азыркы Польшанын жартысы орус империясынын карамагына өтүп, ошондон улам нечен атактуу азаматтар Францияга, Европанын башка мамлекеттерине эмиграцияга кеткен. Ошолордун арасында Шопен да болуп, өз мекени Польшанын эркиндиги, улуттук көз карандысыздыгы анын негизги чыгармачыл темаларынын бири болуп калган. Айрыкча 1830-жылкы азаттык үчүн болгон революцияда польшалыктар жеңилүүгө учураганда, орус желдеттери нечен эр жүрөк поляктарды тээ Сибирге чейин сүргүнгө айдаганда, Шопен өз элинин патриотторуна арнап, бир катар атактуу чыгармаларын, анын ичинде сиздер угуп аткан №24 прелюдияны жазган.

Пушкин
Пушкин

Бирок польшалыктардын азаттык үчүн көтөрүлүшүн орус аскерлери чоң кан төгүүлөр менен басып таштаганын бир катар орус жазуучу, акындары, алардын арасында кадимки эле А.С. Пушкин да туура болду деп эсептегенин баса белгилей кетели. Макаланын баш жагында үзүндү келтирген “Орусиянын ушакчыларына” (“Клеветникам России”) деген ырында ал минтип ачык эле жазган:

Уже давно между собою,

Враждуют эти племена;

Не раз клонилась под грозою,

То их, то наша сторона.

Кто устоит в неравном споре:

Кичливый лях, иль верный росс?

Славянские ль ручьи сольются в русском море?

Оно ль иссякнет? вот вопрос.

Оставьте нас: вы не читали,

Сии кровавые скрижали;

Вам непонятна, вам чужда,

Сия семейная вражда…

Баарынан кызыгы, Пушкин орус императорунун Польшадагы баскынчы саясатын ачык эле колдоп, славяндардын “бүтпөс чатагына” кийлигишкен Европага минтип сөөмөй кезеген:

Мы тяготеющий над царствами кумир,

И нашей кровью искупили,

Европы вольность, честь и мир...

Вы грозны на словах — попробуйте на деле!

Иль старый богатырь, покойный на постеле,

Не в силах завинтить свой измаильский штык?

Иль русского царя уже бессильно слово?

Иль нам с Европой спорить ново?

Иль русский от побед отвык?

Иль мало нас? Или от Перми до Тавриды,

От финских хладных скал до пламенной Колхиды,

От потрясённого Кремля,

До стен недвижного Китая,

Стальной щетиною сверкая,

Не встанет русская земля?..

Так высылайте ж к нам, витии,

Своих озлобленных сынов:

Есть место им в полях России,

Среди нечуждых им гробов.

Бул ырды Пушкин 1830-жылкы Польшадагы орустарга каршы көтөрүлүшкө карата жазган. Бирок ошол эле окуяга карата Фредерик Шопен атактуу “Революциячыл маршын”, кийинчерээк биз жогоруда атаган гениалдуу №2 сонатасын жазыптыр. Башкача айтканда, Шопендин атуулдук позициясы Пушкиндикинен диаметралдуу түрдө айырмалуу экен. Бири маашырланып, сыймыктанса, экинчиси санаа чегип, муңканган. Пушкин орус аскерлери көтөрүлүштү курал менен тынчытканын “эч нерсе болбойт, туура эле болду” дегендей караса, Шопен жердештерине жан тартып, жүрөгү канап мамиле кылган. Ошол №2 сонатадагы поляк революционерлеринин эрдигин даңазалаган, шейит кеткен баатырлардын эстелигине арналган соңку бөлүгү бара-бара “Аза маршы” деген атка конуп, бүт дүйнөдө жалпы эле улуттук баатырлардын каармандыгын күүгө салган классикалык чыгармага, музыкалык кошокко айланып кеткен.

Украиналыктар менен тилектеш экенин билдирген польшалыктар. Варшава, 27-июль, 2014-жыл
Украиналыктар менен тилектеш экенин билдирген польшалыктар. Варшава, 27-июль, 2014-жыл

​Шопен жана Пушкин… Слявян калктарынын эки дөөсү. Ошону менен бирге эки антиподу. Бири орус империясынын тышкы саясатын жактап, даражасы менен сөөлөтүнө сыймыктанса, экинчиси ошол империянын баскынынан чыгууну эмүр бою эңсеп, кыялга жана санаага батат.

Тарыхтын экинчи бир тамашасы - Шопен илгертеден Орусиядагы эң эле сүйүктүү композиторлордун бири. Ал эми Пушкин болсо Польшада тынбай кайра-кайра которулуп келаткан орус классиктеринин бири. Улуу поляк акыны Адам Мицкевичтин чыгармаларын эң сонун кылып орус тилине оодарган да ошол Пушкин. Ага арнап Александр Сергеевич ыр да арнаган, суктанганын, маашырланганын эч качан жашырган эмес.

А бирок славяндардын “үй-бүлөлүк талашы” (“Вам непонятна, вам чужда сия семейная вражда…”) ХIХ кылымда эле эмес, ХХI жүз жылдыкта да эч качан бүтө түрган түрү жок го. Ага мисал азыркы Украина жана Орусия. Орусия жана Польша. Пушкин жана Шопен…

Рак экономиканын да башкы душманы

Ракты аныктоо жана изилдөө борбору. Орусия.

Рак илдетинин дүйнөлүк экономикага тийгизген зыяны 2008-жылдагы эсептөөлөр боюнча 895 миллиард долларды түздү. Бул дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн бир жарым процентине барабар.

Кыргызстанда бул дартка чалдыккандардын чөнтөгү канчалык жукарып, кандай каржылык кыйынчылыкка учурап жатканы атайын анализдене элек. Бирок дарыгерлер айрым учурда ооруган адамдар үй-мүлкүн сатуу менен дарыланып, каржылык жактан оор акыбалда каларын айтып келишет.

2006-жылдагы Америка Кошмо Штаттарынын саламаттыкты сактоо тармагындагы отчетуна ылайык, бул өлкө рак илдетинен жылына орто эсеп менен 104, 1 миллиард доллар зыян тартат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2030-жылга чейин дүйнөдө 11,8 миллион киши ракка чалдыгып, алардын глобалдык дүң өнүмгө тийгизген зыяны триллион долларга жетет деп билдирди. 2008-жылы рактан улам дүйнө экономикасы 895 миллиард зыян тарткан, ага салыштырмалуу жүрөк ооруларынан улам келип чыккан чыгым 753 миллиард доллар.

"Рактан улам майып болуп калгандардын айынан да айрыкча өнүгүп келаткан өлкөлөр бир топ жабыр тартууда", - дейт Financial Times басылмасы. Өпкө, дем алуу органдары, көкүрөк рагы дүйнөдөгү өлүмдүн жана майып болуп калуунун башкы себебине айланды. Окумуштуулар муну ракты дарылай турган химиялык дарылардын абдан кымбат баада сатылып жатышынан улам экенин айтышууда.

Британиянын Cancer Drug Funds же Рак дарылары фондунун маалымдоосу боюнча, 2013-жылы рактын дарыларына эле дүйнөдө 91 миллиард доллар сарпталган. Онкология жаатында арзан дары чыгаруу боюнча атайын иш-чаралар колго алынып, жапырт жасала элек дешет окумуштуулар.

Жыл сайын иммуно-онкология тармагында жалпы 40 миллиард доллар баасындагы дары сатылат. Эң эле кымбат дарылардын катарында Merk&Co компаниясынын "Кийтруда" жана "Опдиво" дарыларын ар бир рак оорулуу адам жылына 150 миң долларга сатып алууда.

Компаниялардын дарыларынын мындай кымбат болуусун эл аралык эксперттер ракты изилдөө жана аны дарылоо жаатында жүргүзүлүп жаткан илимий тажрыйбаларга өнүккөн өлкөлөрдүн миллиарддаган долларды сарптап жатканы менен түшүндүрүшөт.

Кыргызстан: обочодо калган оорулуулар

Кыргызстанда азырынча рактан улам элдин чөнтөгү жана өлкө экономикасы канчалык жабыр тартып жатканын изилдеген анализдер жок. Бирок ракты дарылаган онколог-врачтардын айтымында, ооруну аныктоо, диагноз коюу иштери көп сумманы талап кылбайт.

Дүйнөлүк маркадагы ракты дарылоочу дарылардын ооруга дал келип-келбесин аныктоочу аппараттар бизде жок болгондуктан илдетке чалдыккандарды коңшу Орусия, Казакстанга жиберип, оорулуулар кошумча чыгым тартышууда.

Мамлекет тарабынан ракка чалдыккандардын дарылануусу бекер болгону менен, аны дарылоого өлкө бюджетинен акча аз бөлүнөт. Тактап айтканда, ар бир оорулуунун химиялык терапиясы үчүн 2 миң сомдон каражат каралган. "Бирок азыркы заманбап дарылардын эң арзаны 40 миң сомдон өйдө болгондуктан көптөгөн атуулдар мал-мүлкүн, үйүн сатып дарыланууга муктаж", - деди Улуттук онкология борборунун онколог-дарыгери Яна Батыркулова:

- Мамлекет азыр оорулууларга эӊ эле жөнөкөй схемадагы, арзан дарыларды гана алып берет. Бир курс химия терапиясына 2 миӊ сомдон 4 миӊ сомго чейинки каражат бөлүнөт. Ал эми максаттуу химия терапия жаӊы чыккан, заманбап дарыларды талап кылат. Мындай дарылардын эӊ эле арзаны 40 миӊ сом. Мындай курстан бейтап бир нечесин алышы керек. Оорулуулар айласы кетип, үйүн, машинесин, болгон мүлкүн сатып, дарыланган учурлар азыр көп катталууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдоосу боюнча, 2012-жылы рак илдетинен каза болгондордун жалпы саны 8,2 миллионго жеткен. Иммунотерапия жана онкология жаатында фармацевтикалык ири компания - Bristol Myers Squibb ар бир оорулууга 12 500 долларга дары саткан. Жакынкы жылдары Азия, Африкадагы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн экономикасы рак илдетине чалдыккандардан улам оор зыян тартышы ыктымал дешет британ окумуштуулары.

Өкмөт берген батирден куру калган майыптар

“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун жыйырмадай мүчөсү Бишкектин Көк-Жар кичи районунда майыптарга берилген үйлөр акыйкатсыз бөлүштүрүлгөнүн айтып, уюм жетекчилигине нааразылык билдирип жатышат.

Алар мамлекет тарабынан майыптар үчүн берилген турак жайлар муктаждарга эмес, үй-жайы барларга берилип жатат деп арызданышууда. Ал эми “Азиздер жана дүлөйлөр” коому мындай дооматтарга негиз жок деп ишендирүүдө.

Эки күндөн бери батир бөлүштүрүүгө нааразы болгон топ “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мекемесин айланчыктап, жетекчиликке нааразычылыгын билдиришүүдө. Алардын бири Батма Койлубаева кызы үчүн кам көрүп жүргөн экен.

- Менин кызым биринчи топтогу майып. Эки баласы бар. Алты жаштагы кызы да биринчи топтогу майып. Беш жылдан бери реабилитациялоо борборунда турат. Алардын өзүнүн эрежеси бар экен. Ага ылайык ал жерде алты ай гана турууга болот. Биз алты ай сайын чыгып, кайра барганга туура келүүдө. Ал жердегилер боору ооругандан гана кабыл алышат.

Батма Койлубаева мында топтолгон жыйырма чакты майып бул маселени иликтөө үчүн тиешелүү органдарга кайрылышарын билдирди. “Мамлекеттик мекемелерден атайын комиссия түзүлүп, бизден озунуп батир алгандардын аракети канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин аныктап чыгышы керек”, - дейт ал.

Жетимиш Мамашев да бир нече жылдан бери мамлекет тарабынан майыптар үчүн берилип жаткан батирге кезекте турат. Анын айтканына караганда, батир алган майыптардын дээрлик баары буга чейин бир нече жолу үй алган.

- Булар буга чейин бир нече жолу үй алган. Алды алган үйлөрүн сатып жиберип, кайра жаңы үй алышып жатат. "Балык башынан сасыйт" деген ушул. Аларга Калык Барктабасович (“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун жетекчиси - ред.) жумуш да берип жатат. Бул адилетсиздик. Үйгө муктаждардын тизмесин өздөрү чечет экен. Алар өз алдынча уюшуп алып, туура эмес чечип жатат.

Өткөн жумада Көк-Жар кичи районунда президенттин атынан “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мүчөлөрүнө бир бөлмөлүү 90 батирдин ачкычтары тапшырылган.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 90 батирлүү турак үйдүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен 87,51 млн. сом бөлүнгөн. Бул үйгө кирип жаткан 90 жашоочунун 60ы азиз, 25 адам дүлөй, төртөө майып, бирөө “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасында күзөтчү болуп, 10 жылдан ашуун эмгектенген адам.

Үйдүн жертөлөсүндө медициналык борбор, азиздер жана дүлөйлөр үчүн адистештирилген республикалык китепкана жана социалдык-соода жайлары жайгашкан.

Өкмөт аралашпаган комиссия

“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун айтымында, үй берүү учурунда ар бир алуучу тыкыр текшерилген, бир нече комиссиядан өткөн. Бөлүнгөн үйлөр мурда батири барларга таркатылды деген туура эмес.

Калык Мамбетакунов
Калык Мамбетакунов

- Жетимиш Мамашев деген бир жигит арызданып жүрөт. Анын буга чейин үйү бар эле. Оштон 1990-жылдарда коомдун акчасына салынган үйдөн эки же үч бөлмөлүү батир берилген. Өзүнүн каалоосу менен ал үйдү жок кылып салыптыр. Эми кайра дагы бер деп атпайбы. Алтынбек Тобокел уулу деген да көзүнөн майып жигит бар. Ал атасынын жалгыз уулу. Майып карындашына үй берилген. Ата-энеси өтүп кетти. Эми бул жигит ата-энесинин мураскору да. Ал дагы туруп алып, мага да үй бергиле деп жатат. Мисалы, азыркы үйлөрдү жети, беш балалуу көчөдө жүргөн майыптарга бердик. Негизинен көп балалууларга бердик.

Мамбетакунов айткан Жетимиш Мамашев өзү болсо союз учурунда ага иштеген жеринен үй берилгенин танбайт. Бирок кашайып ал батирин ошол кезде өзү сыяктуу майыптар менен бирдикте башка бир адамдарга алдатып ийген экен. “Ошондо мени менен кошо үй алып, анысын мен сыяктуу эле алдатып ийгендер да алып жатат, а мага жок”, - дейт Мамашев:

- Токсонунчу жылдары биз жумуш токтоп калганда соода кылабыз деп алдатып койгонбуз. Биз менен кошо он чакты киши алдаткан. Ошолордун ичинен менден башкалары үйгө ээ болду. Мен эле калдым.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун айтымында, үй маселеси миңдеген майыптардын негизги көйгөйү. Депутат нааразы болгондор ошол коомдун мүчөсү болгондуктан ич ара комиссия түзүп, үйлөр кимдерге, кандай шартта берилгенин аныктап чыкканга укугу бар экенин айтты:

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

- Депутаттар коомдук уюмдардын ишине киришкенге болбойт. Бул боюнча мага да кайрылгандар болуп жатат. Бирок мен аларга силер ошол коомдун мүчөсү болгондон кийин ал жердеги абалды иликтегенге укугуңар бар деп жөнөткөм. Алар өздөрү комиссия түзүп, үйлөр кимдерге берилгенин изилдеп чыкса болот.

Батирлерди бөлүштүрүү комиссиясына Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Бишкек мэриясынын социалдык коргоо бөлүмү таптакыр катышкан эмес. Алар да бул маселени негизинен “Азиздер жана дүлөйлөр” коомдук уюму өздөрү чечкенин айтышты.

“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун айтымында, Союз кулагандан бери Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бир да үй салынган эмес. Түркмөнстан жыйырма үч жылда бул катмардагы жети жаранга мамлекеттин эсебинен үй берген. Ал эми Кыргызстанда эгемендик жылдары майыптар үчүн 653 түтүн майыпка бекер үй тартуулаган.

Учурда “Азиздер жана дүлөйлөр” коомдук уюмунун 10 200 мүчөсү бар.

Үйсүз калгандардын Жамашевага таарынычы

Ош шаарынын көрүнүшү.

Ош шаарында эки батирди шылуундук менен сатып жиберген Нурсултан Акимбаев аттуу жаран жоопкерчиликке тартылбай жатканына үй ээлери нааразы. Алар муну Акимбаевдин жеңеси, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага байланыштырууда.

Нааразы тургундар Жамашеванын таасири менен Акимбаев үй камагына чыгып кеткенине, бул иш боюнча такыр тергөө жүрбөй жатканына даттанууда. Ал эми айыпталуучу тарап бул айыптоолорго макул эмес. Өткөн жылдын аягында болгон окуя боюнча милиция азыр тергөө ишин жүргүзүп жатканын билдирди.

20 жаштагы студент Жаркынай Жунус кызы Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы Төрөбек Абакир уулу көчөсүндөгү апасы сатып берген үйдө жалгыз жашачу. Ошол кезде өзү теңдүү Нурсултан Акимбаев деген жигит менен мамиле куруп калат. Үйүнө кез-кезде конокко келип жүргөн Акимбаев бир күнү аны алдап-соолап, батирин сатып жиберген.

- Сиңдим жаш болгондуктан эч нерсени аңдабаптыр. Ал үйдү ата-энеси маңдай тери менен 22 миң долларга алып берген. Нурсултан Акимбаев прокуратурада иштеген эжелери, Мамкаттоо жана нотариустагы тааныштары аркылуу үйдүн документтерин тууралап, 10 миң долларга саткан. Үч ай ичинде документтер төрт адамдын колунан өтүп кетиптир. Ары бардык, бери келдик. Акыры эмне кыларыбызды билбей отуруп калдык, - деди Жаркынайдын эжеси Орозгүл Абдыкадырова.

Курманжан Датка кичи району. Ош.
Курманжан Датка кичи району. Ош.

Шаардын Черемушка кичи районундагы Гостелло көчөсүнүн №1-б үйүнүн 8-батиринин ээси Асел Токтобаева да Нурсултан Акимбаевге ушундай эле жол менен алданып калган. Акимбаев анын алысыраак таанышы болгон. Ал үйдө жок кезде Акимбаев документтерин уурдап чыгып кеткенин айтууда:

- Мен Бишкекке үч күнгө кеткен элем. Нурсултандын эжеси менин келиним болчу. Ошол аркылуу менин ачкычымды жасатыптыр да үйгө кирип, документтеримди уурдап кетиптир. Анан алып барып, нотариус менен Мамкаттоодон бир нерсе кылып бүтүрөт да, Сайдулла Мамаев аттуу кишиге 18 миң долларга сатып жиберет. Менин үйүм 45 миң доллар болчу. Бир күнү Мамаев келип, үйдү сатып алдым эле дегенде баарын түшүнүп атпаймынбы.

Бул эки батирдин ээси, алгач ар кимиси өз алдынча арыз жазып, бирок анысынан эч майнап чыккан эмес. Аларга үйдү сатып алганы менен же акчадан жок, же батирден жок калган Сайдулла Мамаев да кошулган. Жабырлануучулардын айтымында, милиция эки-үч айлап кылмыш ишин козгогон эмес. Ал ортодо Нурсултан Акимбаев кармалып, бирок кайра үй камагына чыгып кеткен.

Батиринен айрылып калган Асел Токтобаева Акимбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жатышын анын укук коргоо органдарында иштеген туугандары менен байланыштырды:

- Тергөө иштери таптакыр жүрбөй жатат. Документтерди милициядан прокуратурага, прокуратурадан сотко, кайра милицияга жөнөтүп, жинди кылышты. Бир тергөөчүдөн экинчиге өткөрүп атышат. Тергөөчүлөр алгач “бул ишти жаап салабыз” дешкен. Анан мен “документтердин баары колубузда турса, эмнеге өткөрө албайсың?” десем, Нургазы Камилов деген тергөөчү “биз шаардык прокуратурага баш ийебиз, ошол жактан, анан Бишкектен чалып, тоскоолдук кылып атышат” деди. Алар кимдер экенин сурасам "айта албайм" дейт. Көрсө Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Нурсултан Акимбаевдин жеңеси болот экен, бир эжеси Гүлнара Акимбаева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасында, дагы бир эжеси Гүлмира Акимбаева Ош шаардык прокуратурасында иштейт экен. Атасы Таалай кайсы жерде иштегенин билбейм, бирок чоң атасы Орозбек Акимбаев Ош облустук аксакалдар сотунун төрагасы дешти. Кыскасы бүт эле укук коргоо органдагылар мунун таанышы болот экен “силердин колуңардан эмне келет? Жамашева биздин колдо” деп ачык эле айтып кетишти.

"Күнөөсү болсо камалсын!"

Окуя боюнча Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен маектешүүгө мүмкүн болгон жок. Жамашеванын кайнатасы, күнөөлөнүп жаткан Нурсултан Акимбаевдин чоң атасы Орозбек Акимбаев бул айыптоолордун баарын четке кагууда:

Феруза Жамашева
Феруза Жамашева

- Жогорку Соттун төрайымы же төрагасы мен болом дегендер азыр, Жогорку Соттун жана Жогорку Кеңештин курамында олурат. Ал орун талаш болуп, азыр келиним Жамашеваны кетирүүгө кызыкдар адамдар аны жаман көрсөтүү аракетин көрүүдө. Ошого мени, кыздарымды, келинимди аралаштырып, жаманатты кылышты. Нурсултандын атасы Таалай менин биринчи аялымдан, алар менен көп деле катташпайбыз. Мен ал неберемди көрбөгөнүмө эки жылдын жүзү болду. Өткөндө уулум келип “Нурсултан ушундай болуп калды” деп акча сураганынан баш тарткам. Туугандар менен кеңешсем “өздөрү бүтүрүп алышсын” деген. Биз бул ишке кийлигишкен жокпуз. Жамашева да бул маселени такыр билбейт. Бирөөгө бир телефон чалып, “антип койгула, минтип койгула” деген болсом жер урсун. Эгер чындап күнөөсү болсо Нурсултан камалсын, жоопкерчиликке тартылсын.

Ал эми ишти тергеп жаткан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү болсо аларга эч ким таасир этпей жатканын айтып, окуя боюнча иликтөө акыйкат жүрүп жатканына ишендирүүдө. Тергөөчү Азамат Садыков мындай деди:

- Черемушкадагы үй боюнча шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоп, биздин өндүрүшкө өткөрүп берген. Биз иликтеп чыгып, Нурсултан Акимбаев бул үйдүн документтерин жасалма кылып, башка бирөөлөргө арзан баада сатып жибергендигин аныктап, далилдеп чыкканбыз. Анан баш коргоо чарасы эки айлык мөөнөткө камакка алуу тартиби менен Ош шаардык сотуна иш жөнөтүлгөн. Анан ал жерден баш коргоо чарасы “үй камагына өзгөртүлсүн” деген чечим чыккан. Экинчи иш боюнча мен өзүм аз күн мурдараак кылмыш ишин козгодум. Азыр эки иш боюнча тең тергөө амалдары жүрүп жатат. Бизге басым жасаган жок. Биз ишти эки ай ичинде кайрадан сотко өткөрүп беребиз.

Жогорку Сот: Жамашеванын бул ишке тиешеси жок

Жогорку Соттун маалымат кызматы "Ошто шылуундук менен жарандардын батирин саткан Нурсултан Акимбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жатканына төрайым Феруза Жамашеванын таасири бар",- деген кабарды четке какты.

Маалыматка ылайык, шылуундукка шектелген Акимбаев Жогорку Сот төрайымынын күйөөсүнүн алыс тууганы экени, бирок көп жылдан бери катышпай турганы, анын иши мыйзам чегинде гана каралары белгиленет.

- Жамашева бул тууралуу жабырлануучулардын катынан кийин гана билген. Ошондон кийин Ош облустук сот төрагасы менен байланышып, ишти мыйзам чегинде гана алып баруусун тапшырган. Ал эми тергөө иштерине кийлигишти деген маалыматтар чындыкка дал келбейт, - деди "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева.

Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган Нурсултан Акимбаев учурда кайда экени белгисиз. Бул иштерге ага жардам берген бир тууган эжеси Айсулуу Акимбаева жана нотариустун кызматкерлери да шектелүүдө. Акимбаев эки батирди шылуундук менен сатуудан сырткары Жаркынай Жунус кызынын 100 миң сомдук алтын шакек-сөйкөлөрүн да сатып жибергенин жабырлануучулар айтышууда.

Ошто МАИ конок тоскондон тажады

"Милициянын кийими толук жаңырат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Жол кайгуул кызматкерлери Ошко келген мамлекеттик жетекчилерди тосуп-узатуу үчүн акыркы үлгүдөгү кымбат машинелерди жалдоо, аларга куюлчу күйүүчү май жана тамак-аш чыгымдарын да көтөрүшөрүн айтып чыкты.

Жол кайгуул кызматкерлери муну менен көчөдөгү паракорлукка өз жетекчилери түртүп жатканын кыйытып жатышкандай. Бирок ички иштер министри Мелис Турганбаев “Азаттыкка” МАИ кызматкерине машина жалдатып, май куйдуруу азыр токтогонун билдирүүдө. Байкоочулар жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлерди минтип бейрасмий иштерге жумшоо кесепетинен милиция криминалдашарын эскертип келишет.

Майдын чыгымы МАИ моюнунда

Атын атагысы келбеген жол кайгуулчунун айтымында, Ошко борбордон айына жыйырмага жакын расмий конок келет. Аларды коштоп жүрүүгө кеминде он чакты автоунаа керектелет. Жазылбаган мыйзамдарга ылайык, конокторду тосуп-узатуу үчүн акыркы үлгүдөгү жол тандабас унааларды жалдоо эрежеге айланган. Бул чыгымдын көбү айланып келип эле айлык менен жашагандардын моюнуна илинет.

- Келген машиненин баарынын бензинин жергиликтүү Жол кайгуул кызматы көтөрөт. Коштоп жүргөнүнө да, конокту алып жүргөнүнө да бензинди куюп бересиң. Кымбат машинелерди минип келишет. Алар кеминде 120 литр май керектейт экен. Ошону карыздап болсо да толтуруп куйганга туура келет.

Жергиликтүү аткаминерлер борбордон келген конокторду мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде тосуп-узатууга тырышат. Ошол эле учурда Ош мэри менен Ош губернаторунун гаражында бирден гана жол тандабас унаа бар. Андыктан сыйлуу коноктор келгенде жеке менчик машинелер ижарага алынат. Жол кайгуулчулардын айтымында, мындай меймандостук кесепети алардын чөнтөгүнө эле күч келтирүүдө.

- Май куюучу жайдын ээси тааныш болгондон кийин, андан карызга сурайсың. Анан ал артыңан кууп, 99 жолу сураганда айлыктанбы же башкаданбы эптеп таап, төлөгөнгө туура келет. МАИнин көчөдөгү болуп аткан паракорлугу ушундай “сыйкорлуктан” улам келип чыгууда.

"ИИМде конокко акча бөлүнбөйт"

Өткөн апта соңунда ички иштер министри Мелис Турганбаев Ошко келип, облустун алты районун кыдырып кетти. Аны да акыркы үлгүдөгү сегиз жол тандабас унаа коштоп жүрдү. Бул унаалардын айдоочулары министрди өз демилгелери менен тосуп алганын бир ооздон билдиришти. Бирок министр ал унаалардын баары өзүнүкү экенин, катардагы кызматкерге май куйдургандан уяларын айтты:

- Сегиз машиненин баары өзүмдүкү. Өз чыгымымды өзүм эле төлөйм. Кайсы кызматкер экен ошол. Келсин, кимге куюп бериптир? Жазсын, чара колдонобуз. Азыркы айлыктарын көрүп туруп, май куюп бер дегенден уяласың.

Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, ИИМ казынасынан расмий конокторду тосуп-узатуу үчүн атайын каражат бөлүнбөйт. Мамлекет милициянын кызматтык унаасынын күйүүчү майына жана тетиктерине гана акча бөлүп берет:

- Күйүүчү май жана тетик үчүн Ош облусуна былтыркы жылы 12 млн. сом суралган. Бирок 2 миллионго жакын гана акча бөлүнгөн. Ал эми Ош шаардык ИИБнин кызматтык унааларына 9 млн. 493 миң сом суралса, анын 1 млн. 970 миң сому гана бөлүнүп берилген, - деди Ашырбаев.

Милициядагы сыйчылдыктын кесепети

Байкоочулардын айтымында, борбордон келген конокторду тосуу чыгымын тунгуч президент Аскар Акаевдин доорунан бери эле МАИ кызматы көтөрүп келет. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматын бир топ жыл жетектеген ардагер Абдиназар Абдыжапаров катардагы кызматкерди бейрасмий иштерге жумшоонун кесепети жаман болорун айтууда.

- Өзү ушул машина тап, бензин куй деген туура эмес. Себеби, жакшы машине тап десе, андай машине көбүнчө акчалуу, кылмыштуулук менен байланышы бар адамдарда болот. Укук коргоо кызматкерлери аларга барып, машинеңди берип тур, биз чоңдорду ташыйбыз деп жалынганы туура эмес да. Анткени аларга көз каранды болуп калат.

Учурда Жол кайгуул кызматынын ишин ИИМдин ички коопсуздук кызматы, прокуратура, УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы, Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү жана жарандык активисттер көзөмөлдөп, текшерүү уюштуруп турушат.

Чапандууну чапса, көйнөкчөнгө доо кетет

"Дордой" базары.

Эл аралык финансы уюмдары Орусиянын экономикасы быйылкы жылы 3-5% төмөндөрүн болжоп жатышат. Негизги соода өнөктөрдүн бири болгон Орусиядагы абал Кыргызстанга кандай таасир этет?

Мунайга баанын арзандашы жана Украина чатагына байланыштуу Орусияга киргизилген санкциялар орус экономикасынын быйылкы жылы төмөндөшүнүн негизги себептери катары аталууда. Европа өнүктүрүү банкынын божомолу боюнча Орусиянын ички дүң продукциясы быйыл дээрлик 5% төмөндөйт. Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта кору 3% тегерегинде төмөндөйт деген божомолду айтууда. Орусиядагы эң таанымал жана абройлуу финансист Алексей Кудрин Орусиянын экономикасы 4% төмөндөйт деп жатат.​

Орусиядагы мигранттардан келген акча (Булак: Дүйнөлүк Банк, Орусиянын Борбордук Банкы )
Орусиядагы мигранттардан келген акча (Булак: Дүйнөлүк Банк, Орусиянын Борбордук Банкы )

Орусиянын финансы-экономикалык жактан алсыздануусу Кыргызстанга эки жактан терс таасирин тийгизери же тийгизе баштаганы байкалууда.

​Биринчиден, эмгек мигранттарынын акча которуусу кыскарып, республиканын ички базарына терс таасирин тийгизе баштады. Экинчиден, мамлекеттер аралык келишим-долбоорлордун аткарылышын татаалдантууда. Маселен, азыркы кезде эле Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадын каржылоодо олуттуу проблемалар чыгып жатканы кабарланган. Белгилүү болгондой, ГЭСтерди куруу жана ага каржы табуу “Русгидрого” жүктөлгөн. “Русгидро” рубль менен эсеп жүргүзүп, анын негизинде насыя тартууну көздөп жаткан. Рублдин кунунун кетиши ал насыянын да өлчөмүн эки эсеге көбөйтүүдө.

Эл аралык валюта корунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Юха Кяхконен Орто Азия мамлекеттери Орусиядагы рецессиядан көбүрөөк жабыркайт деп билдирүүдө. Анын пикиринде, Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу мунай заттарын импорттоочу өлкөлөр мунайдын арзандоосунан жеңилдик алышат. Бирок аны Орусия кризиси жана анын айынан эмгек мигранттарынын аз акча которуусу алып келген зыян басып кетет.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев өкмөт азырынча бул эки фактордун таасири кандай болорун биле албай жатканын билдирген эле:

- Биз азыр өзүбүз күйүүчү майга баанын арзандашына кандай реакция кылууну билбей турабыз. Бир жагынан биз импорттун арзандашына кубанышыбыз керек. Экинчи жагынан биз көп жагынан көз каранды болгон кошуна базарлар - Орусия менен Казакстан экономикалык өсүш боюнча болжолду кескин төмөндөтүп жатышат. Алар бюджетин өзгөртүүдө. Мунун баары ал базарларды тейлеген бизге таасирин тийгизет. Ошондуктан бир жагынан инфляциянын төмөндөөсү менен оң жагдай болот, экинчи жагынан кошуна базарларда абалдын начарлашы бизге таасирин тийгизет.

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы экономикалык өсүштү 6.2% жеткирүүнү болжогон. Эл аралык валюта кору аны 1.3% төмөндөтүп, 4.9% өсүш болот деп болжоп жатат. Бирок да республиканын Экономика министрлиги адаттагыдай эле үч сценарийди карап, аны оптимисттик, пессимисттик жана базалык сценарий деп бөлүп кароодо. Аталган министрликтин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, алардын бирөөсү да тандалып алына элек. Ошол эле учурда Кыргызстан экономикасы үчүн тобокелчиликтер абдан көбөйгөнүн белгилеп, 2-3% тегерегинде гана өсүш болушу мүмкүндүгүн билдирди:

- Кээ бир эсептер боюнча төмөн түшпөсөк дагы өсүш 2-3% болушу мүмкүн. Орусиядагы кырдаалды эске алып жатабыз. Башка абалдар дагы бар. Сомдун рублге болгон курсу дагы таасирин тийгизет. Мигранттардын көпчүлүгү кайтып келиши да мүмкүн. Мына ушул факторлордун баарын иликтеп жатабыз. Ошондуктан тобокелчиликтер абдан көп.

Мигранттардан келген акча ((Булак: Дүйнөлүк Банк, Орусиянын Борбордук Банкы ))
Мигранттардан келген акча ((Булак: Дүйнөлүк Банк, Орусиянын Борбордук Банкы ))

Насирдин Шамшиевдин айтымында, экономиканын кандай өсүшү боюнча божомолдорду тактоо март айына чейин уланат.

Экономист Азамат Акелеевдин айтымында, Орусия кризисинин Кыргызстанга терс таасири бул өлкөгө болгон аба каттамдарынын азайуусу, эмгек мигранттарынын акча которуусунун 40% кыскаруусу аркылуу байкала баштады. Кыргызстан үчүн пайда болгон оң жагдай тууралуу Акелеев буларды айтты:

- Кризис убагында арзаныраак кийим-кечелер, тамак-аштар көбүрөөк сатыла баштайт. Мына ушундай оң мүмкүнчүлүктөрдү биздин ишкерлер пайдаланып кете алабы? Анан күтүлүп жаткан бажы төлөмдөр көбүрөөк түшөбү, жаңы түзүлүп жаткан фонддор менен бюджеттик акчалар көбөйөбү деген суроолор ачык турат. Биздин экономикабыздын көлөмү абдан кичине. Ага булар кандай эффект берет... Терс таасирлери байкала баштады, оң таасирлери байкала элек.

Азамат Акелеев өкмөт кризиске каршы программасын жана иш чараларын иштеп чыгышы керектигин кошумчалады.

Бир ууч чаңдай сапырылбайлы...

“Фабула” гезити белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун, Баратбай Аракеевдин, Тиленбек Азыктын макалаларына окурман көңүлүн бурду.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Оппозиция кыкка жарабайт, жараса, “жашылбайлар” жарайт” деген макаласын басты. Автор заман тынч эместигин, дүйнөдөгү ири эки дин тирешип калганын, бир катар мамлекеттер дүйнөдө ар дайым согуш болуп турушун каалап, жаман иштерден эч качан акча аябастыгын эсине дагы салды.

Тиленбек Азыктын “Жихадчылар Кыргызстанга кандай максат менен келишет?” деген жалаң фактылар менен жазылган макаласы жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Баатыры, атактуу хирург, академик Мамбет Мамакеев соңку кезде балдардын көп зордукталып жатышына кейип, “Эки буттуу айбандар оорулуу адамдар, соо киши муну жасабайт, оорулуу болгон соң хирургияда “ооруган жерин” алып салуу керек деген айныгыс эреже бар, аны бизде “биттеп салуу” же “кастрация” деп атайт. Мындай айбандарды “түз эфир” аркылуу өзүм эле биттеп бермекмин” деп жаны кашайып айтып чыкты.

Белгилүү дин аалымы Чубак Ажы Жалилов дин маселесинде демократиянын кереги жоктугун, болбосо эртең өзүбүз Сирия болуп каларыбызды, кылгылыкты кылып жаткандар бүгүн шииттер менен сунниттерди кагыштырып жатканын, биздин өлкөгө окшогондорго сырттан ар кандай күчтөр келип, оппозиция менен позицияны теңештирип коюп, бийликти ою келгендей алмаштыра берерин, максаты - кен байлыктарын, адам ресурстарын пайдаланып, бири-бирибизди өзүбүздүн колубуз менен жок кыла берерин, биз аны билбей эле “жихад, жихад!” деп кыйкырып жатканыбызды, бизде Кыргызстанда бүгүн шииттештирүү ачык жүрүп жатканын, биз бир ууч эл экенибизди, кокус дин талаш, жер талаш болсо, согуш кылгысы келгендер ушул бир ууч элди алаканына салып, үйлөп туруп, күл чачкандай чачып жиберип басып кетерин, басып эле кетпей керемет жерибизди ээлеп жатып каларын кыргыздардын эсине салды.

“Алиби” гезити башкы прокурордун айлансындагы кеп-сөздөрдү улап Эркин Бөлөкбай уулунун “Кыргыз президенти эмне үчүн кыргыз мыйзамын сыйлабайт?” деген макаласын басып, президент сунуш кылган Индира Жолдубаеванын эмгек жолун санап, мыйзамга ылайык прокуратура тармагында 10 жылдан кем эмес иштеген профессионал кызматкер дайындалышы керек деген жобо барын, ал эми Жолдубаева бул тармакта 10 жыл эмес, 10 күн да иштебегенин жазып чыкты. Депутат Өмүрбек Абдрахманов “Чыныгы мусулмандар Мекеге, чыныгы демократтар Вашингтонго барышат” деп элди Американы каратпай Москваны каратып салды деп президент Атамбаевди сынга алган интервьюсун берди.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, жазуучу Элүүбай Отунчиев “Конгантиевди сабап, орунсуз жорукка жол бербегиле” деп ортого түшкөм” деп маек куруп, өткөн окуяларды эстеп, “балдар Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетпесин, Конгантиевди урганды токтоткула” деп ортодо жалынып жүргөнүн эскерди. Аталган “Алиби” гезити ушул жылдын 24-январында Бостери айылында “ “Ысык-Көл демилгеси” аттуу курултай болуп өткөнүн көлөмдүү макала аркылуу баяндады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Жогорку Нарын: ГЭСтер каскадында курулуш ойдогудай” деген кабар менен ачып, Нарын дайрасына салынуучу ГЭСтердин курулушу жүрүп жатканын, курулушту каржылоодо үзгүлтүк боло электигин, ал эми жанагы айрым маалымат каражаттарындагы ушак-айыңдар жалган экенин кабарлады.

Филология илимдеринин доктору Асылбек Эшиев белгилүү акын Жедигер Саалайдын “Арыбагын Күн” деген поэмасын барактап чыккандан кийин аны “Азаттыктын өлбөс гимни” деп атап, катуу толкундап, эргип олтуруп жазган макаласын окурмандарга сунуш кылды.

Экономика доктору, Улуттук университеттин “Экономика жана финансы институтунун” жетекчиси Айылчы Сарыбаевдин “Билим-илим өнүкмөйүнчө мамлекет өнүкпөйт” деген көлөмдүү маеги да гезиттин ушул санына жарык көрдү.

Ошто дагы бир террордук топ колго түштү

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери. Сирия.

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү делген алты адам Ошто кармалып, камакка алынды.

Кармалгандардын төртөө Сирияда атайын согуштук машыгуулардан өткөн. Топ мүчөлөрү Кыргызстанда жана Өзбекстанда ири теракттарды ишке ашырмак. Алдын ала маалыматтар боюнча алар Өзбекстан ислам кыймылына мүчө экендиги айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Кармалгандардын төртөө Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын лагеринде атайын машыгуудан өткөн. Тинтүү учурунда алар жашаган үйлөрдөн бир топ курал-жарак жана атайын жабдыктар табылды. Айтсак, АКС автоматы, 1760 даана ок-дары, эки атар мылтык, бет каптар жана жасалма документтер алынды.

Учурда кармалгандарга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Буга чейин УКМК акыркы төрт жылда өлкө ичинде жети террордук топтун 36 мүчөсү камакка алынып, 12си соттолгонун жар салган.

Сирияга кеткендердин расмий саны 200дөн ашты

Ал ортодо кыргыз бийлиги Сириядагы согушта жүргөн өлкө жарандарынын саны 200дөн ашканын шардана кылды. Маалыматка ылайык, алардын 30га жакыны ошол жерде мерт болгон. Мындан мурда Сирияга кеткен аялдардын саны он чакты экени айтылып келсе, бу жолу алардын саны 30га жеткени белгилүү болду.

Деген менен коопсуздук маселелери боюнча адис Артур Медетбеков Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны расмий статистикадан үч эсе көп экенин боолгойт. Анын пикиринде, Фергана өрөнүнө халифат орнотууну максат кылган эл аралык террористтик уюмдардын коркунучу күн санап өсүп жатат.

- Фергана өрөөнүнө коркунуч алып келчү террористтик уюмдардын башчылары ушул аймактарда төрөлгөн. Тахир Юлдашев, Усман сыяктуу Өзбекстан ислам кыймылынын башчыларынын сокулары негизинен Орто Азия өлкөлөрүнө багытталган. Мындан сырткары "Түркстан ислам кыймылынан", "Ислам мамлекети" кыймылынан согуштук аракеттерди үйрөнүп келгендер биздин аймак үчүн өтө кооптуу.

Медетбеков кошумчалагандай, эгер тиешелүү органдар керектүү жабдыктар менен террористтерге каршы күрөшпөсө, азыркы даярдыктар ири жардыруулардын алдын ала албайт.

Радикализмди диний билим тыябы?

Мектептерде диний билим берилмейинче, сокур ишеним менен жихадга аттангандардын аягы суюлбайт. Мындай оюн дин таануучу Азиз Ташболотов ортого салды.

- Терроризмге, экстремизмге каршы комплекстүү иштер жасалышы шарт. Өзгөчө күч органдары менен диний ишмерлер кызматташпаса майнап чыгышы күмөн. Эң ириде мектептерге диний сабакты киргизүү керек. Эгемендик алгандан бери бул жөнүндө айтылып келет, бирок иш жүзүндө эч нерсе жок. Сирияга кеткендерди бир гана материалдык кызыкчылык азгырбайт. Эң негизги фактор диний сабатсыздык.

ИИМдин маалыматында, Сирияга кетүүдө колдонулган төрт негизги багыт бар. Алар: Кыргызстан-Түркия-Сирия, Орусия-Түркия-Сирия, Украина-Түркия-Сирия жана Грузия-Түркия-Сирия. Адистердин баамында, Кыргызстан ЖККУ менен бирге аракеттенбесе, эл аралык террористтерге каршы жалгыз туруштук бере албайт жана Сириядан кайтып келгендер да өлкө үчүн потенциалдуу коркунуч туудурат.

Жалал-Абад: "Шарли Эбдого" каршы акция

Каскадга кетчү жердин убайымы

Жергиликтүү коомчулук Жогорку Нарын каскадына берилчү жердин ордуна башка аймактан өздөрүнүн үлүш жерине теңдеш тилкелерди бөлүп берүүнү талап кылууда.

Ошондой эле алар суу сактагычтын алдында кала турган турак жайы жана чарбагы үчүн акчалай компенсация кандай болорун так чечүү маселесин көтөрүштү.

Өкмөттөн бул тууралуу мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлө турганы белгиленди. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бардык орчундуу маселелер такталган соң гана тиешелүү чечим кабыл алынарын жарыялады.

Жергиликтүү элдин талабы

Долбоор боюнча Жогорку Нарын каскады төрт гидро электр станциядан туруп, анын чеги Нарын районунун үч айыл аймагындагы жер тилкелерин ичине камтыйт. Каскаддын плотинасы менен анын суу сактагычына суу толтуруучу каналдын узундугу жалпысынан 25 чакырымдан ашуун жерди ээлейт. Бул үчүн Нарындагы Дөбөлү, Орток жана Чет-Нура айыл аймактарынын ар кандай категориядагы жер аянттарын каскаддын карамагына алууга туура келет.

Алдын ала мерчемдөө боюнча каскадга жакын жайгашкан Дөбөлү айыл аймагынан эле 900 гектар жер аянты керектелет. Анын 600 гектары жайыт болсо, 300ү сугат жер тилкелери. Бул жер жалпысынан 240 үй-бүлөгө таандык.

Дөбөлү айыл аймагынын башчысы Жанышбек Ибраимакун уулу жергиликтүү элдин бийликке койгон талаптарын билдирди:

- Эл "бул жер аянттарын каскадга бергенден кийин кантип оокат кылабыз, ошон үчүн өзүбүздүн үлүш жерге теңдешкен жер тилкелерин бергиле" деп жатат. 1925-жылга чейин Нарынга караган, азыр Ысык-Көлгө таандык жерди жайыт үчүн кайрып бергиле деген маселе болду. Ошол эле кезде жергиликтүү тургундар жаратылыш коругуна караган жер аянттарын чөп чабынды жер үчүн айыл аймагына өткөрүүнү суранышууда. Мындан сырткары каскаддын аймагына там-ташы жана чарбагы кете турган үй-бүлөлөр компенсация кандай шартта бериле турганына кызыгууда. Анткени там-таш кандайча бааланат деген кооптонуу бар.

Өкмөт тактай элек көп иш бар

Ошол эле кезде мындагы турак жай, чарбак жана сарайдын канчасы көчүрүлө турганы аныктала элек. Мындан сырткары ал үчүн компенсацияны кыргыз өкмөтү төлөйбү же Орусиябы деген маселенин башы дагы ачык турат.

27-октябрь, 2012-жыл
27-октябрь, 2012-жыл

Жергиликтүү коомчулук Нарында өткөн жыйында жер аянттарын каскаддын карамагына өткөрүп берүү үчүн бийликке 11 талап койгон. Нарындагы өкмөттүн өкүлү кайрылуу катты жогорку кызмат адамдарынын дарегине жеткирүүнү убада кылган. Өкмөттүн өкүлү бул маселе тыкыр изилденип бүткөн соң гана тиешелүү чечим болорун билдирди.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин төрага орун басары Эсенгул Исаков бул маселеде жергиликтүү эл менен бийлик орток пикирге келүүгө тийиш деп эсептейт:

- Жерди бошотуп бербей коюуга жарандардын акысы жок. Анткени Жер кодексинде "сервитут" деген бар. Мына ошондуктан тиешелүү жер аянты мамлекетке керек болсо, аны ал менчигинин түрүнө карабастан, жергиликтүү элдин уруксаты жок эле пайдаланууга укугу бар. Бирок бизде адам укугу корголот. Ошондуктан эл менен ошол каскад кандай пайда келтире турганын түшүндүрүп, орток келишимге келишибиз керек. Албетте өкмөт ошол жер аянттарына теңдеш жерди элге башка аймактан камсыздап берет. Ошондой эле турак жай же жер үлүштөрүн акчалай компенсация кылуу жагы дагы чечилет. Бул маселе такталып, өкмөт парламентке жөнөтөрү менен биз аны карап, бекитип беребиз.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын көпчүлүгү каскаддын карамагына жер үлүштөрүн там-ташы менен кошуп берүүгө каршы эмес. Бирок алар өкмөт үлүш жерине теңдешкен ылайыктуу сугат тилкелерин башка аймактан бөлүп берүүнү талап кылышат.

Жергиликтүү коомчулук мында курулуш башталганы менен анын долбоору эмгиче жоктугун айтып, өкмөттүн каскадга канча аянттагы жер кетерин так айта албаганына тынчсызданууда.

Жергиликтүү тургундардын бири Токон Кененбаев курулуштун мерчемделбеген жагдайына токтолду:

- Эл зыян тартканына карабай жерин берип жатат. Өкмөт эми ошону адилет карап, башка жактан айыл чарбасына жана жайытка ылайык жерди чечип берүүгө тийиш. Менин бир гектар жерим кетсе, анын ордуна ошондой жерди мага өздөштүрүп бериш керек деген талап койдук. Орусия менен биздин өкмөт келишимге кол коюп, эки президент кол алышып, кана баштадык деп эле курулушту баштап жиберишти. Анан каналды чекесинен каза баштады. Ошол канал биздин жер аркылуу өтө турган болуп жатпайбы. Анын ичине айрымдардын там-ташы дагы кирет.

Жогорку Нарын каскадын Орусиянын “Русгидро” компаниясы менен Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы кура баштаган. Каскаддын курулушунун жалпы баасы 727 миллион долларга бааланган. Бирок адистер долбоордун баасын өтө эле жогорулатылган деп сынга алышкан.

Орусия Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныбайт

Кыргызстандык айдоочуну МАИ кызматкери текшерүүдө. Москва, январь

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Орусияда Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү жараксыз деп табылып жаткандыгын айтышууда.

Бул эмгек мигранттары үчүн кошумча түйшүк жаратууда.

Кыргызстан 2006-жылы Орусия менен бирдикте Жол кыймылы тууралуу Вена конвенциясына кол койгон. Эл аралык макулдашуу боюнча конвенцияга кирген өлкөлөр ичинде улуттук айдоочулук күбөлүктөр жарактуу деп эсептелиниши керек. Бирок Орусиянын Жол коопсуздук кызматы Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныбай жатат.

“Мурас” коомдук уюмунун мүчөсү Надырбек Сооронбаевдин айтымында, Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөйт. "Бул мөөнөтсүз күбөлүктөрдүн айынан айдоочу - мигранттар жабыр тартышууда", - дейт Надырбек Сооронбаев.

- Былтыртан баштап катуу текшерип жатышат. Силердин айдоочулук күбөлүгүңөрдүн жарактуу мөөнөтү жазылган эмес деп, айыппул салышууда. Былтыр 2-3 адам соттошконго чейин барышып, 30 миңден айыппул төлөгөн учурлар болгон. Айдоочуларды Кыргызстанга депортация кылып жиберишкен. Жакында да мага айдоочу балдар кайрылышты, бир-эки айдан бери текшерүү күчөдү деп. Эми эмне кылабыз, кайда барып иштейбиз деп, челефон чалып жатышат.

Москвада таксист болуп эмгектенген Исланбек Раимкулов машиналарды токтоткон кезде жол коопсуздугу боюнча кызматкерлер айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап баратасың деп, протокол толтуруп жаткандыгын айтат:

- Кыргызстанда бизге айдоочу күбөлүктү бергенде анын жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүшкөн эмес. Ошондой күбөлүктөр менен азыр Москвадан токтотсо дароо кармап, МАИнин унаа токтоткон жайына алып барат. Айыптар 5 миңден 15 миңге чейин болуп жатат. Биздин айдоочулук күбөлүктөрдү мөөнөтү жок, жараксыз деп жокко чыгарышууда. Башкача айтканда айдоочулук күбөлүгү жок машина айдагансың деп, айыппул салышууда. Унаа токтоткон жайга дагы акы төлөө керек болот. Эвакуатор келип жүктөп кетет, ага да төлөш керек. Жеңил машинеге 5 миң, оор унааларга андан кымбат. Мурун Москвада мынчалык текшерчү эмес. Акыркы эки айдын ичинде күн сайын текшерип жатат.

Ал эми Москвада эмгектенген Эркин Батыралиев кыргыз күбөлүгү менен машина айдаган айдоочусу үчүн жалпысы 20 миң рублден ашуун айыппул төлөгөнүн айтып берди.

- Менин колумда иштеген кыргыз бала унаамды айдап жүргөндө аны тосушкан. Күбөлүктө кайсы убакытка чейин жарактуу экендиги жазылбагандыктан, унааны алып барып, токтотуп коюшкан. Ошондо сүйлөшүп, айдоочу үчүн 5 миң, унаа үчүн 15 миң рубль берип, алып чыкканбыз. Мындай окуялар Москванын тегерегинде күн санап көбөйө баштады. Бул жерде гана эмес, Прибалтикадан Кыргызстанга машина айдап бара жаткан балдарды дагы текшерип, токтотуп жатышат деп угуп жатам.

​Чоң жүк ташуучу унаа айдаган Чыңгыз Кенжебеков мөөнөтсүз күбөлүктү себеп кылып, пара алуу күчөгөнүн айтат.

- Кээде түшүнүктүү полиция кызматкери болсо, айып жазып коё берип жиберет. Кээ бирлери машинаны алып барып, токтотуп салат. Ошентип унааларын алдырып койгон балдар да бар. Мисалы, мен курулуш материалдарын ташыйм. Жүктү ташып бара жатканда токтотуп калса, айып төлөйсүң. Кээде пара сурагандары болот. Айлыкта отурган, айлыкты күтүп жашагандарыбыз бар. Орто эсеп менен 20 миң рублдан табабыз. Токтоткон ар бир полиция кызматкерине айыппул төлөй берсек, айлык жетпей калат.

Кыргыз элчилигинин пресс-атташеси Айымкан Кулукеева Кыргызстандагы тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул көйгөй тууралуу кабардар экенин маалымдады.

- Былтыр кыш-жаз айларынан баштап, рейд учурунда же көчөдө унаа айдап бара жаткан жерден токтотуп, текшерүү жүргүзүп, күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү жоктугуна байланыштуу айып салып, кээ бирлерине протокол түзүп, иш козгоп жаткандыгы жөнүндө угуп жатабыз. Кээ бир конкреттүү учурлар боюнча жарандар кайрылганда биздин консулдар иш алып барып жатышат. Бул тууралуу биз Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга маалымат бергенбиз. Азыркы учурда мындай текшерүүлөрдөн жабыр тарткандар бар.

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү

"Айдоочулук күбөлүктүн Вена ковенциясынын талаптарына жооп бербеши кыргызстандык мигранттарга Орусиянын күбөлүгүн алууда тоскоолдуктарды жаратат",- дейт Москвадагы антикоррупциялык "Трансперенси Интернешнл" уюмунун юристи Константин Островский. Анын айтымында, 2015-жылдын июнь айынан тарта чет элдик жарандар улуттук айдоочулук күбөлүк менен Орусияда иштей албай калышат.

- Эгерде чет элдик жаран Орусиянын аймагында айдоочу болуп иштөөнү кааласа, Орусиянын өкмөтү 2014-жылдын 24-ноябрында кабыл алган «Транспорттук каражаттарды башкарууга уруксаат берүү тууралуу» 1097 – токтомго ылайык, өзүнүн улуттук айдоочу күбөлүгүн Орусиянын айдоочу күбөлүгүнө алмаштырышы керек. Бирок улуттук айдоочу күбөлүк Орусиянын күбөлүгүн берүүчү органдын архивинде калбайт, ал чет элдик жарандын колунда болот. Ошондой эле жүргүнчү ташыган маршруттук транспортторду башкарса, же кандайдыр бир уюмга тиешелүү унаада жүк ташыса да, сөзсүз түрдө улуттук айдоочулук күбөлүгүн Орусиянын күбөлүгүнө алмаштырышы зарыл. Бул 2014-жылы 5-майда кабыл алынган федералдык мыйзамда көрсөтүлгөн. Анда чет элдик күбөлүк менен өлкөдө иштөө уруксаты 1 - июнга чейин гана узартылган.

Буга чейин Орусияда чет элдик мигранттар үчүн жумушка орношууда документ алуу сыяктуу маселелер да татаалдашкан. Атап айтканда, 1-январдан баштап Орусиянын "Чет элдик жарандар жөнүндө" жаңы мыйзамы күчүнө кирген. Ага ылайык эми КМШ өлкөлөрүнөн жумуш издеп баргандар патент алуусу шарт. Эмгек мигранттары бул өз кезегинде кошумча чыгымдарды жана коррупциялык схемаларды пайда кылганын айтышууда.

Таласта карышкыр малчыларды жүдөттү

Талас районунда карышкыр күч болуп, мал кармагандардын айласы кетип турган чак. Жырткычка туруштук берүү үчүн ок-дарынын жоктугу да элдин кедерин кесүүдө.

Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Чойбек Кутуев бир күндө он беш коюн карышкырга жегизип алган. Ал быйыл ит-куш күч экенин, мергенчилер атып үлгүрбөй калганын айтууда:

- Эртең менен жайытка чыгарган жеримен койго тиш салды. Ар бирин беш миңден эсептегенде эле 45 миң сомго чыгаша болдум. Айылда карышкыр күч, кой эмес жылкыны жара тартып жеп жатат. Мамлекет тарабынан мергенчилерге ок-дары берилсе жакшы болот эле. Коюмду кыргандан кийин эки карышкырды атып кетишкен. Бирок булар көп экен, дагы деле жүрөт.

Аталган айылдын башчысы Улан Кудайбергеновдун айтымында, жакындан бери айыл тургундары мергенчиликке уюшуп чыга баштады:

- Кеч күздөн бери карышкыр күч. Айылдагы мергенчилер төрт карышкыр атышты. Бирок дагы деле тыйылбай жатат. Кечээ эле эки-үч кишинин жылкысын жеп кетти.

Аңчылык департаментинин Талас району боюнча инспектору Анарбек Кутманов атылган карышкырлардын терисин кабыл алууга өкмөттөн акча бөлүнбөй, жеке мергенчилерге ок-дары берилбей жатканын моюнга алды:

- Мурда жеке мергенчилер карышкыр атып тапшырып турушчу. Өкмөттөн чыккан токтомдун негизинде акыркы коюлган баа менен карышкырга 5 миң, бөлтүрүк үчүн 3500, чөөгө 3 миң сом төлөчүбүз. Акча эки жылдан бери берилбей калды. Карышкыр атуучу 11 мергенчиден турган топ түзгөнбүз. Жыл бою көйгөйлүү жерлерде биз өзүбүз жетектеп иштейбиз. Ок-дарыларды биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлерине камсыздап беребиз. Жеке мергенчилерге бере албайбыз. Алар ок-дарысын, күйүүчү майын, машинасын өз жанынан чыгарышат.

Ал ортодо райондогу Кара-Дөбө айылында карышкыр айылга чейин түшүп, андагы тургундардын тынчын алып жатканы белгилүү болду. Айрыкча ата-энелер балдарын кечкисин сыртка чыгаруудан чочулап жатканын айыл тургуну Максат Айтбеков айтып берди:

- Карышкыр күчөп, эшиктин алдына чейин келип жатат. Түнкүсүн сыртка чыккандан коркосуң. Кошуна-колоңдун малын жеп кетет. Балдарыбыз үч чакырым жолду басып, мектепке жөө барышат. Ачка болсо бөрү малбы, кишиби карабайт эмеспи. Биз ошондон чочулап атабыз.

Өткөн жылдын акыркы айларынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин мергенчилер тобу Талас районунун аймагынан он жети карышкыр аткан. Ага карабай бул жырткычтын көбөйүп жатканы элди түйшөлтүүдө.

Мира Сейдикеримова, Талас

Чөп жана сөз

“Ээк” деген бар. Адамдын ээги жөнүндө сөз кылалы деп атабыз. “Асанкул эшикке карай ээгин шилтеди” дейт. Бул сөз жактырбай калган кишисин “сыртка чыгып кет” деген мааниге ээ.

“Бечара абышка ээгинен жөлөтүп калган экен”, же “эбак ээги түшкөн кемпир экен” дейт. Бул эки сөздө тең аябай карылыгы жеткен кемпир-чал жөнүндө сөз болуп жатат.

“Эсенбайдын ээги шалпыя түштү” дейт. Ойлогон ою ордунан чыкпай, супсуну сууй түшкөн учурдагы абалды билдирген сөз.

“Ак ээк абышка турбайбы” десе атам замандагы карыя экен, “кызыл ээк чал экен” десе тиши жок, карып бүткөн чал экен дегени.

“Ээктин алдындагы эле айыл” дейт. Жакын эле жердеги айыл дегенди түшүндүрөт.

“Эңсегенимди ээк алдыман табамын” дейт. “Эгер кааласам каалаганымды бир заматта таап коем” дегенди түшүндүрөт.

“Аа, байкуш, баягүнкүдөн кийин ээгин койнунан чыгарбай калбадыбы” дейт. Катуу уят болгондон кийинки адамдын абалы ушундай болот.

“Ээги ээгине тийбей сүйлөгөн неме экен” - тынбай сүйлөгөн кишиге айтылган сөз. “Ээгиң бас!” - “үн чыгарба!” деген мааниде. “Эй, жок дегенде ээк күбүрөтүп койсоң болбойбу?” - “эй, бирдеме деп сүйлөп койсоң боло, үн катып койсоң боло?” дегени.

Эми “ындын” деген сөздүн маанисин чечмелеп көрөлү. Адамдын маанайынын, көңүлүнүн абалын “ындын” деп коет. Мисалы, “ындыны өчүп калды” же “ындын сууп калды” дейт. Бирөөлөрдүн жаман сөзүнөн кийин ушинтип көңүлү чөгүп, маанайы пас болуп калган жагдайлар болот.

Чөпкө байланыштуу да көптөгөн сөздөр бар. Алгач чөптүн түрлөрү жөнүндө айта кетели. “Чай чөп”, “арам чөп”, “тыйын чөп”, “теңге чөп”, “кыял чөп”, “сары баш чөп” ж.б.

“Мобу кыял чөптөн корголдойду чайга салып ичсе пиян кылат” - мас кылат дегени. “Делбе чөп” деген бар. “Атым делбе чөп жеп алган окшойт, болбой калды” дейт. “Делбе чөп” жеп алган мал кутуруп кетет деп айтышат.

Чөптүн башка бир мааниси - “койдун чөбү” дейт. Кой козу туугандан кийинки түшө турган “чөбүн” айтат. Жакшылыгы жок адамды “сен жүргөн жерге чөп чыкпайт” деп коет. Башка бирөө менен жүрүп кеткен эркекти же аялды “көзгө чөп салды” деп коёт. Артынан сая түшүп издөө салганды “сары изине чөп салып” издей баштады” дейт.

“Атайылап келген соң “чөп башылабай” иштебейсиңерби” дейт. Бул “жалкоолонбой иштебейсиңерби” дегени.

Көптөн бери кирбей калган тааныш кишиси кирип калса, “башына чөп сындырып койсоңорчу” дейт.

Эч нерсесин колунан чыгаргысы келбеген сараң адамды “оозун куу чөп менен аарчыган неме экен” дейт.

Коркуп кеткен адамды “карасур өңү чөп болду”, көп күткөн адамды “күтө берип өңү чөптөй саргарды”, иши оңоло баштаган кишини “ити чөп жей баштады”, жамандык кылган адамды каргаганда “баскан жериңе чөп чыкпай калсын”, атка мине албаган баланы “аа, кокуй, чөп көчүк неме турбайбы” дейт.

Апта: Кетпейт деген Салянова кетти, оппозиция сапары

Индира Жолдубаева

Узап бараткан жумада Кыргызстанда башкы прокурор алмашып, Салянованын ордуна Жолдубаева сунушталды. Оппозициялык саясатчылар Кошмо Штаттарга сапар алышты.

Салянованын кызматтан кетүүсүнүн сырлары жана чырлары

Өткөн жылдын соңунан бери “кетет экен, арызын жазыптыр” деген имиштер чындыкка айланып, узап бараткан жумада Аида Салянова башкы прокурорлук кызматтан кетти. Бирок артында табышмак жана түрдүү түкшүмөл кептерди калтырды.

Аида Салянованын кызматтан кетери же кетүү жөнүндө арыз жазганы тууралуу сөздөр өткөн жылдын аягында башталып, анын кыска мөөнөткө эс алууга чыгуусу түрдүү түкшүмөлдөрдү күчөткөн.

27-декабрда жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаевге журналисттер Аида Салянованын арызы боюнча суроо менен кайрылганда, ал минтип жооп берген эле:

- Аида Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтайын мурда мындай учурлар болгон. Анткени Аида Жеңишбековнаны түшүнсө болот. Жумушу абдан кыйын. Найзанын учунда жүрөт дайыма. Эс алууга суранды. Мен да уруксат бердим. Анткени аны түшүнсө болот.

Бирок кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсү аяктаганга карабай, жаңы жылдан кийин Аида Салянова кызмат ордуна, андан тышкары президенттин жардыгы менен “Манас” ордени ыйгарылганда аны алууга да келген жок. Жуманын башында болсо Салянованын кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганы расмий түрдө тастыкталып, ага удаалаш күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголгону кабарланды. Мына ушул окуялардын тизмеги Аида Салянова менен бийлик башындагылар ортосунда кандайдыр чатак чыкканынан кабар бергенсийт. Бул чатактын булагы саясат жана киреше булактарын талашууга байланыштуу экенин бир катар окуялар тастыктап турат.

Киреше маселесине келе турган болсок, Аида Салянованын бийлигине таянып, күйөөсү Бакыт Абдыкапаров түркүн бизнес жана коммерциялык иштерге, ар кандай маселелерди чечкенге аралашып жүргөнү айтылып келген.

Алардын бири өткөн жылы чоң жаңжал жана камакка алуулар менен коштолгон. Белгилүү болгондой Кыргызстанда энергетика тармагы туташ коррупциялашкан тармак саналат, анын ичинде Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташуу иши да.

“Электр станциялар” акционердик коому өткөн жылы көмүр сатып алуу боюнча тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратып, соңунда казак жараны Александр Машкевичке таандык “Прогресс компаниден” - бир булактан көмүр сатып алууну камсыздоого умтулган. “Электр станциялардагы” тендердик комиссиясынын мүчөлөрү Качкын Булатов менен Расул Үмбөталиев жогорку бийликтегилер тендерлерди атайын үзгүлтүккө учуратып, бир булактан көмүр сатып алууга алып келгенин, бул коррупция экенин бир нече жолу билдиришкен.

“Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилиги тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратып, “Прогресс компаниге” жол ачууга далбас уруп жаткан учурда көмүр бизнесине башка күчтөр да аралашып, казакстандык дагы бир компания “Жезказган энергосбытты” алып келишкен. Ал күчтөр башкы прокурор Аида Салянованын жанындагы адамдар болуп чыкты. Дал ошолор Башкы прокуратуранын күчү жана каары менен “Электр станциялардын” жетекчилигин “Жезказгандан” дагы көмүр сатып алуу боюнча келишим түзүүгө аргасыз кылган. Муну “Электр станциялардын” ошол кездеги жетекчиси Абдылда Исраилов тастыктаган.

Бирок “чыныгы бийлик” же борбордук бийлик “Жезказганды” алып келгендерге катуу сокку уруп, УКМК үч кишини камакка алган. Камакка алынгандардын бири Башкы прокуратуранын башкармалыгында бөлүм башчы Нуртазин Жетибаев болуп чыкты.

Качкын Булатов бул жерде Нуртазин Жетибаев өз алдынча эмес, башкы прокурор жана анын жакындары менен сүйлөшүү аркылуу “Жезказганды” колдоого барган дейт:

- Сүйлөшүү болбой калган деп айтпайм. Сөзсүз болгон. Мисалы, Нуртазин Жетибаев өзү Башкы прокуратуранын чарбалык бөлүмүн жетектөөчү. Ошол ортого түшкөн болуш керек. Себеби ал атбашылык. Аида Салянова нарындык. Нуртазин Жетибаев өзү футбол боюнча тренер экен. Анан кандайча прокуратурага барып, чарбалык бөлүмдү жетектеп калганы табышмактуу.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги да УКМК менен эриш-аркак иштеп, “Жезказгандын” көмүрү талапка жооп бербейт деп, Башкы прокуратуранын таасири менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарган. Мына ошентип көмүр ташуудагы коррупциялык акырдан “Жезказганды” сүрөгөндөр өздөрү сүрүлүп салынган. Бул окуялар өткөн жылы күз айларында болгон. Башкы прокурорго жакын күчтөр мына ошентип жеңилүү ызасын тартышкан.

Албетте башкы прокурор Аида Салянова менен борбордук бийликтин кызыкчылыктарынын мындай карама-каршы келиши башка тармактарда да болушу толук ыктымал. Алардын бири саясат. Белгилүү болгондой президент Алмазбек Атамбаев Камчыбек Ташиевдин соттолгону жоюлушу керектигин ачык жактаган. Башкы прокурордун бул маселеде позициясы башкача болуш ыктымал. Башкы прокурор менен президенттин Камчыбек Ташиев эле эмес, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Урмат Аманбаеванын иштери боюнча да карама-каршылыктары бар экени айтылып келет.

Аида Салянованын аталаш агасы Калый Саляновдун 17 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүндө ысымы аталышы бийлик үчүн Саляновага басым жасоого дагы бир мүмкүнчүлүк жаратты. Эми күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголуп, анын мизи Аида Салянованын өзүнө багытталганы айкын болуп турат. Мына ушулардын баары Салянованын кызматтан кетүүсүнө алып келген жагдайлар катары каралышы ыктымал.

21-январда Жогорку Кеңеште Аида Салянованы кызматтан бошотууга макулдук берүү маселеси каралды. Кээ бир депутаттар Салянова өзү келип, кызматтан кетүүсүнүн чоо-жайын айтып берсин деген маселени көтөрдү. Бирок ал келген жок. Бийликчил депутаттар аны алып келүүнүн кажети жок деп чыкты.

“Азаттыктын” кабарчысы менен байланышканда Аида Салянова күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго коюлган күнөөлөр жалган экенин, ал убагы келгенде тастыкталарын билдирди. Бирок өзүнүн кайда экени жана эмне себептен кызматтан кетип жатканы тууралуу сөз улаган эмес.

Жолдуу чыккан Жолдубаева

Аида Салянова кызматтан кетери менен анын ордуна Индира Жолдубаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү. Президенттик аппаратта Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектеп келген Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 22-январда башкы прокурорлукка сунушталып, 23-январда Жогорку Кеңештин “Республика”, КСДП фракциялары тарабынан колдоого алынды. Кийинки жумада Индира Жолдубаеваны дайындоого макулдук берүү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралышы күтүлөт.

1979-жылы туулган, 36 жаштагы Индира Жолдубаева прокуратура кызматында буга чейин бир күн да иштебегени анын өмүр баянында көрүнүп турат. Бирок анын жакын тууганы Чолпон Баекова кезинде Конституциялык сотту башкарса, бир тууган жездеси Аалы Карашев учурда Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп турат.

Ошондуктан Индира Жолдубаеванын башкы прокурорлук кызматка көрсөтүлүшү өлкөдө ар кандай кептерди жаратпай койгон жок.

Оппозиция өкүлдөрү Вашингтонго аттанды

Кыргызстандагы бир катар оппозициялык саясатчылар Кошмо Штаттарга жөнөп кетишти. Алар Вашингтондо бир катар таасирлүү саясатчылар менен жолугушуп, Кыргызстандын тагдырына байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөшүүдө.

АКШга сапарды уюштуруунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков сапардын максаты тууралуу буларды билдирди:

- Барганда сүйлөшө турган негизги эки багыт бар. Биринчиси - кризис шартында биз АКШ жана Европа мамлекеттеринен Кыргызстан үчүн атайын программа иштеп чыгууну сүйлөшүүнү көздөп жатабыз. Мисалы, алар азыр Украина, Грузияга жардам берип жатат. Чыгыш Азиядагы мамлекеттердин көпчүлүгүнө кыйын учурда жардам берип, аларды цивилизациялуу, өнүккөн, демократиялык мамлекет кылууга салым кошкон. Биздин дагы ошондой программа сурасак деген аракетибиз бар. Экинчиси - бүгүнкү күндө Кыргызстанда эгемендүү массалык маалымат каражаттары боюнча кыйынчылыктар пайда болуп калды. Бүгүнкү күндө биз бир гана Кремлдин массалык маалымат каражаттарынын алдында калдык. Бүт бардык телекөрсөтүүлөр ошолорго таандык. Демократиялык багытта, улуттук багытта, цивилизациялык багытта чагылдырган маалымат каражаттары аз. Биз ушул багытта дагы альтернативдүү булактарды ачуу жагын талкуулайлы деген оюбуз бар.

АКШга сапардын алдында Улуттук оппозициялык кыймыл Кыргызстанды кризистен чыгаруу боюнча программасын жарыялады. “Максаттуулук жана сабыр” деп аталган программада мамлекеттик органдарга кетип жаткан чыгашаны кескин кыскартуу, мамлекеттик органдардын өздөрүн дагы кыскартуу, мамлекет катышкан акционердик коомдордо, ири ишканаларда корпоративдик башкарууну, ачыктыкты киргизүү каралган. Салыктарды кыскартуу, сот, тартип коргоо органдарын реформалоо, АКШ жана Европадан эмгек мигранттарына квота алуу сыяктуу максаттар да программага киргизилген.

АКШга баруучулардын катарында туруп, бирок жеке маселелерине байланыштуу барбай калган саясатчы Кубатбек Байболов оппозициялык саясатчылардын Вашингтонго сапарынан ызы-чуу чыгаруунун кажети жок деп эсептейт:

- Москвага ат тезегин кургатпай, шакектешип, бириндешип барып, Кремлдин улагасын жыртып, дарбазада тургандарына жолугуп келгенине сүйүнүп жүрүшөт айрымдар. Муну биз кадимкидей эле кабыл алып жатабыз. Эми ошончо мезгилден бери Америкага бүгүн бир тобу барат экен. Аларды кайсы деңгээлде кабыл алат, кандай сөз болот, маалым деле эмес. Бирок эми тим эле ызы-чуу түшүшүп, энчисин алып кеткендей болуп жатышат. Адатта Америка тарап өзгөчө бир маани деле бербейт. Жардам деле бербейт. Булар чоң, салабаттуу мамлекет. Алар демократиясын айтып эле туруп алат.

Кандай болгон күндө да оппозициялык саясатчылардын Кошмо Штаттарга аттануусу геосаясий таймаштын уландысы катары кабылданып, ошого жараша экинчи тарапта реакция жасалып жатат. Анткени санкция жана мунайга баанын кескин арзандоосунан Орусиянын катуу каржала башташы Кыргызстандагы Орусияга ыктаган күчтөрдү да күчтүү күмөндөргө салып жаткандай.

Украина: Мариуполдо 30 адам каза болду

Украина: Мариуполдо 30 адам каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Турдукуловду чек арадан өткөрбөө саясий буйрукпу?

Адил Турдукулов.

Оппозициячыл активист Адил Турдукуловдун АКШга сапары үзгүлтүккө учурады. Аны “Ак-Жол” чек ара бекетинен Кыргызстандан Казакстанга өткөрбөй коюшкан.

Бул жаңылык чыккандан кийин Ленин райондук сотунан Турдукулов карызын төлөбөгөнү үчүн чек арадан өтө албай калганын "Азаттыкка" билдиришти. Ал эми активист муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

23-январда кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү АКШга аттанган. Алардын катарында бараткан оппозициячыл активист Адил Турдукуловду чек арачылар өлкөдөн чыгарбоо боюнча соттун чечими бар экенин айтып, артка кайтарышкан. Бирок мунун себебин түшүндүрүшкөн эмес.

- Мындай тоскоолдуктардын себебин так айта албайм, бирок Батукаевге окшогон кылмышкерлерди жөн эле чыгарып жиберишет. Бул жерде саясат бар болушу мүмкүн, – деди активист.

Ал эми Чек ара кызматынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын зардалы Гүлмира Бөрүбаева алар соттун чечимин аткарууга милдеттүү экенин айтты:

- Бизге соттун чечими келет. Аны чек ара кызматы аткарууга тийиш. Ал эмне болгон чечим, себеби кандай бизге айтылбайт. Болгону соттон чек арадан өтө албай турган жарандардын тизмеси берилет, биз ошону аткарабыз.

Ленин райондук соту Турдукуловду чек арадан карызы бар үчүн өтө албай калганын билдирди. Маалыматка ылайык, Адил Турдукулов жеке компаниялардан ири өлчөмдө насыя алган. Ал насыяны төлөөдө 600 доллар карыз болуп калган. Насыя берген тарап Турдукуловдон карызды өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылган.

Бирок Турдукулов ири өлчөмдө насыя алганын тастыктаганы менен канча карыз болгонун ачык айткан жок. Ал учурда чек арадан өтпөй калганын териштирип жатканын билдирди:

- Насыя алганым чын, аны төлөп эле жаткам. Бирок чек арадан мага бул жөнүндө айтышкан эмес. Мен биринчи күнү сотко барып териштирип, ошол 600 доллар үчүн болсо аны төлөөгө даярмын. Маселени теритирип бүткөн соң мен АКШга учуп кеткени турам. Эми бул бийликтин кысымы болуп калды деп ойлойм.

“Жаны муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин мүчөсү Тимур Саралаев бул окуяны бийликтин буйругу деп баалады:

- Эми ар кандай учур болот. Кээде салык тапшырганда деле бир-эки күн акча тартыш болуп калат, унутуп каласың. 600 доллар деген бул чоң акча эмес, муну азыр мындай адам деле карызга бере алат. Бул бийликтин эле буйругу болуп калды. Карызды бербей жатат деп органдарга кайрылган күндө деле дароо иш козголбойт.

Банкка карыз болгону үчүн адамды чек арадан өткөрбөө канчалык негиздүү. Муну тактоо максатында Бишкектеги банктардын биринин насыя берүү бөлүмүндө иштеген Улан Максатов менен байланыштык:

- Азыр ар бир кишиде насыя бар. Эгерде кардар алган насыяны убагында төлөй албай, бир-эки айга кечиктире турган болсо банкка келип, карызды качан берерин, акча издеп жатканын айтса. чек ара кызматына билдирүү берилбейт. Тактап айтканда, такыр жоголуп кетпей, банкка барып турушуң керек. Ал эми үч-төрт ай дайыны чыкпаса, банк кардарды сотко берет. Сот аны териштирген соң, чек ара кызматына кабарлайт. Биздин өлкөдө мындай тажрыйба аз колдонулат. Кээде-кээде гана такыр качып кеткендерди бербесе, мындай учурлар аз, - деди Максатов "Азаттыкка".

Ал ортодо Бишкекте бүгүн белгисиз адамдар журналист Булат Сатаркуловго кол салып, тоноп кеткени маалым болду. Ал 23-январда “Ак-Жол” өткөрмө бекетине барып, Адил Турдукуловду чек арачылар өткөрбөй жатканын видеого тартууга аракет кылган.

Кол салуу Булат Сатаркуловдун Бишкектеги үйүнүн жанында, таңкы саат төрттө болгон. Белгисиз адамдар журналисттин кымбат видеокамерасын алып кетишкен. Бишкек шаардык ишки иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Олжобай Казабаев бул маалыматты тастыктады.

- Жабырлануучу азыр милицияга көрсөтмө берүүдө. Журналист өзүн урган адамдарды тааныбасын айтты. Кандай буюмдары тонолгону учурда такталууда. Азыр бир нерсе деп айтууга эрте. Териштирүү иштери жүрүп жатат, - деди Казабаев.

Булат Сатаркулов бир нече басылмада фрилансер болуп иштегени маалым болду. Ал негизинен журналисттик иликтөө жүргүзүп келген.

Ал эми Адил Турдукулов акыркы убакта нааразылык акцияларына чыгып, бийликти анын ичинен президенттин ишин кескин сынга алып келгени менен белгилүү.Кыргыз оппозициясы АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Конгресстин өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы саясий маселелерди талкуулайбыз деп ачык билдиришүүдө. АКШга болгон сапар парламенттеги оппозициячыл депутат Равшан Жээнбековдун жеке демилгеси болуп, жол чыгымдарын ар ким өз капчыгынан төлөмөй болду.

АКШга бараткан топтун курамында Кубатбек Байболов, Кубанычбек Кадыров, Адил Турдукулов өңдүү бийликке сын айтып келген саясатчылар жана жаш активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бар экени айтылууда.

Украинанын чыгышында уруш токтой элек

Мариупол. 24-январь, 2015-жыл.

Акыркы маалыматтар боюнча Мариуполдо 30 адам өлүп, 100дөй адам ар кандай жаракат алды.

Согуштан Мариуполдо чыгыш тарабындагы турак жайлар, мектеп, базар, дүкөндөр талкаланды. Бул тууралуу Украинанын ИИМнин Донецктеги башкармалыгынын начальниги Вячеслав Аброськин билдирди.

Буга чейин Украин бийлиги шаар “Град” аскердик дүрмөтү менен атылганын маалымдаган. Киев бул боюнча жоопкерчиликти жикчилдерге жүктөдү. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Турчинов Мариуполду аткылоо жикчилдердин украин аскерлерин артка чегиндирүү аракети ийгиликсиз болуп калгандан кийин башталганын билдирди.

Турчинов Мариуполдогу кан төгүүлөргө орус президенти Владимир Путинди айыптады:

- Бүгүнкү кандуу салгылашууга, адамдардын өмүрүнүн кыйылып жатышына Путин жооптуу. Анткени орусиялык аскерлердин карамагындагы “орус террорчул топтордун” бүгүнкү аракети Путиндин тапшырмасындай болуп калды. Бирок биз муну жоопсуз калтырбайбыз, - деди Турчинов.

Мариуполдогу кандуу окуяга байланыштуу украин президенти Петро Порошенко кайрылуу жасады.

"Бул адамзатка каршы кылмышты жасагандар, Гаага трибуналында жооп бериши керек. Биз тынчтыкты жактайбыз, бирок биз душмандын чыкырыгын кабыл алдык. Мекенибизди чыныгы патриоттордой сактап калабыз. Толук жеңишке чейин", - деп жазылган Порошенконун кайрылуусунда.

Украин президенти Петро Порошенко Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешинин чукул отурумун өткөрүү үчүн 24-январда Сауд Арабиядагы иш сапарын токтотуп, Киевге кайра кайткан.

Мариуполдогу кырдаал. 24-январь, 2015-жыл.

“Мариупол кошуунунун” башчысы Виктория Придущенко “Азаттыктын” орус кызматына шаардагы абалды мындайча сүрөттөдү:

- Тынбай ок атылып жатат. Көптөгөн үйлөрдүн айнектери күбүлүп калды. Өлгөндөр менен жарадарлар көп. Азыр биз ал жактан адамдарды алып чыгып кетүүдөбүз. Өрттү өчүрүп, жашоочуларга жылуу кийим жеткирип жатабыз. Биз бул орус аскерлеринин чабуулу экенин билип эле турабыз.

Украина чыгышында 17чи жана 22-январда 18 украин аскери өлүп, 235и жарадар болгон. Өлкөнүн Коргоо министрлиги жикчилдер тараптан 600 адам өлүп, 175и жарадар болгонун маалымдоодо. Бирок өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп жарыялашкан жикчилдер болсо, украин армиясы 750 адамын жоготконун айтууда.

Алар өткөн түнү Донбасстагы украин күчтөрү ээлеген тарапка кеминде 30 жолу ок чыгарган. Украина аскердик операциясынын пресс-борборунун билдиришинче, Счастье шаары менен Луганск облусундагы Новотошковка кыштагы аткыланган. Андан тышкары “Град” жабдуусу менен Мариупол шаарынын чыгыш тарабы аткыланып, бир нече үй кыйрап, 10 адам каза тапкан.

Аскердик аракеттер Донецк облусундагы Дебальцево шаарында да уланууда. ТСН телеканалынын маалымдашынча, шаарда электр жарыгы жок, көпчүлүк жашоочулар бомбадан коргонуучу жайларга кирип, басымдуусу Украинанын башка аймактарына чыгып кеткен.

Дмитрий Тымчуктун “Маалыматтык каршы туруу” тобунун билдирүүсүндө, жикчилдер аймакка 12 танк, 25 брондолгон машине менен кошо артиллерия жеткирген. Мындан улам эки тарап айыгышып, канды булоон болушу ыктымал деген чочулоо жаралды. ЕККУ кырдаалга байланыштуу Дебальцеводон айрым байкоочулар эвакуацияланганын кабарлоодо.

“Донецк элдик республикасынын” өкүлдөрү өз кезегинде Донецк облусундагы Красный Партизан кыштагын көзөмөлгө алышканын билдиришүүдө. Жикчилдер буга чейин кыштакты украин аскерлери ээлеп турган деп жазышууда. Расмий Киев болсо Красный Партизан жикчилдер колуна өткөнүн тастыктаганы менен ал жерде аскерлер болбогонун, нейтралдуу аймак катары саналганын айтууда.

Өспүрүмдүн өлүмү үчүн окуучулар суралууда

Жалал-Абад облусунун аймагында 469 мектеп бар.

Чаткал районунда 21-январдын түнүндө каза болгон 10-класстын окуучусунун өлүмү талаш маселе жаратты. Атасы уулунун өлүмүнө башка окуучуларды айыптоодо.

16 жаштагы Адылбек Ашырбек уулу 21-январь күнү кечинде ооруканага жетпей каза болгон. Окуучунун атасы уулун токмоктон каза болду деп милицияга арыз жазганы маалым болду.

Чаткал РИИБнин кызматкерлери бул окуяны иликтеп жатат. Азырынча окуучу ур-токмоктун айынан каза болгондугу аныктала элек. Бирок айрым окуучуларга кылмыш иши козголуп, суракка алынып жатканын Жалал-Абад ОИИБнын бөлүм башчысы Ибрагим Шатманалиев маалымдады:

- Окуучунун атасы “уулум таяктан каза тапты” деп милицияга арыз менен кайрылган. Ал эми окуучулар тез жардам бекетине баланы "талмасы кармап жыгылып түштү" деп алып келишкен. Бул багытта Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен иш козголуп, айрым окуучулар суракка алынып жатат. Ала-Бука районундагы соттук-медициналык экспертиза сөөктү кароодон өткөргөн. Баланын денесинин эч жеринен жаракат табылган эмес, бирок каракуш мээсине кан уюп калганы ырасталган. Азыр тергөө иштери уланууда.

Окуучунун денеси 23-январь күнү жерге берилди. "Азаттык" маркумдун атасы менен байланышканда, ал окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Окуучулары айыпталып жаткан Байдөлөтов атындагы орто мектепте учурда 465 бала билим алат. Аталган мектептин директору Муктар Надырбеков мындай окуя биринчи жолу катталып жатканын, сабактан тыш убакытта балдарга ата-эне көз салышы керектигин айтты:

- Окуя болгон күнү түндө биз инспекторлор менен дароо күзөткө чыгып, ар бир баланын үйүнө бардык. Көпчүлүк ата-энелер түн ичинде баласынын кайда жүргөнүн билишпейт экен. Кечкисин мектеп эмес, ата-эне жоопкерчиликтүү болуш керек. Ошол себептүү ата-энелер балдары түндө көчөгө чыгып жатканда көзөмөлгө алышы керек болчу. Биз мектепте окуучуларга ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз.

Облустук ички иштер башкармалыгынын берген маалыматына караганда, 2014-жылы аймакта өспүрүмдөр арасында 65 кылмыш иши катталган. Аларга 30дан ашык мектеп окуучусу катышкандыгы аныкталган.

Өткөн жылдарга салыштырмалуу окуучулар арасындагы кылмыштуулук өскөндүгүн ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Анын себебин окутуучу Дарыя Шабданова балдардын кароосуз калып жаткандыгы менен байланыштырат.

- Азыр балдарга көңүл бурулбай жатат. Аны балага ата-энеден башка эч ким бербейт. Кандай гана учур же жагдай болбосун баарын ата-эне жасашы керек. Үй-бүлөдө тарбиянын жана көңүл буруунун жетишсиздигинен улам кылмыштуулук көбөйүшү мүмкүн. Бул конкреттүү үй-бүлөнүн жана коомдун көйгөйү болуп турат.

Жагдайды көздөн кечирбестен же толук түшүнбөстөн туруп бирөөгө күнөө артууга болбойт. Жогорудагы жагдайды эске алып, журналисттер жана ар бир адам өзүнө так болууга милдеттүү дейт укук коргоочу Абдуназар Маматисламов:

- Соттун чечими чыкпастан туруп эч кимди күнөөлүү деп табууга болбойт. Азыр бизде ушул салт болуп калды, ызы-чуу салганды артык көрүп, тарап-тарап болуп чуу көтөрүшөт. Журналисттер да окуяны чагылдырууда өтө этияттык кылышы керек. Бул да башка жагдайларды жаратышы мүмкүн. Сот аркылуу гана адилеттүүлүк тапса болот. Эгер ага нааразы болсо, башка сотко кайрылышы керек. Ошон үчүн сот аныктамайын бирөөнү күнөөлөгөн туура эмес.

Облус аймагында 469 мектеп болсо, аларда болгону 80 гана инспектор иш алып барат. Бүгүнкү күндө милиция 697 өспүрүмдү каттоого алса, алардын 461и мектеп окуучулары.

Өткөн жылдын ноябрь айында Сузактын Сокуташ айылында да 9-класстын окуучусу ур-токмоктун айынан каза болгон. Ага шектүү катары кармалган 10-11-класстын үч окуучусу азыр тергөө иштери жыйынтыкталбай Сузак райондук ИИБда убактылуу кармоочу жайда жатат.

Адам укугу: төрт жылда эмнеге жеттик?

БУУдагы кыргыз делегациясы

Ушул аптада Кыргызстан Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинде төрт жылда берилчү улуттук баяндамасын окуду. Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы адам укугу жаатындагы абалды кандай баалады? Демократиялык принциптерди негиз кылган Кыргызстандын жетишкендиктери менен өксүктөрү эмнеде?

Бириккен Улуттар Уюмунун 2008-жылы кабыл алынган декларациясына ылайык, ага мүчө 193 мамлекет ар беш жыл сайын адам укуктарын коргоо боюнча жасалган иштер тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдап турушу керек.

2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин отчет берген Кыргызстан быйыл экинчи жолу баяндама жасады. Анда негизинен өлкөдөгү адам укуктары жана эркиндиктерин камсыздоо чаралары, жабык жайлардагы кыйноолорго каршы күрөш, бул жааттагы мыйзамдык демилгелер тууралуу сөз болду. Мындан соң эл аралык коомчулук өкүлдөрү Кыргызстанга өз сунуштарын берди.

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

Женевага кыргыз делегациясын жетектеп келген, өкмөттүн алдындагы адам укугу боюнча координациялык кеңештин төрагасы, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Кыргызстандын улуттук баяндамасы кандай баа берилгенине токтолду:

- Жыйын болгон күнү 75тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү өз сунуштарын берди. Алардын ичинен бири да кескин сынга алып, терс баасын бергендер болгон жок. Көпчүлүгү Кыргызстанда аткарылып жаткан иштерди жогору баалап, ошол эле мезгилде айрым маселелер боюнча тынчсыздануусун айтышты. Анткени Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана адам укугу боюнча координациялык кеңеш түзүлүп, иштеп жатат. Бизде гана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор иш алып барат. Бизде гана парламенттик башкаруу системасы иштеп жатат. Баяндаманы угуу учурунда дал ушундай өзгөчөлүктөрдү оң баалагандар көп болду.

Сын да, сунуш да көп

Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңешинин 70тен ашык өлкөсү Кыргызстанга өз сунуштарын берген. Анда негизинен кумсаларды пропагандалоого каршы, бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары таануу сыяктуу мыйзам долбоорлорду кабыл албоо, аялдардын, балдардын, этникалык азчылыктардын укугун коргоо сыяктуу негиздүү сунуштар айтылган.

Маселен, Кошмо Штаттардын өкүлү кыргыз парламентин эл аралык келишим жана нормаларга каршы келген мыйзамдарды кабыл албоого чакырды. Ошондой эле этникалык топтордун укуктарын коргоого жана укук коргоо органдары тарабынан ар кыл басымдарды токтотууга үндөгөн:

- Кыргызстанда активдүү жарандык коом жана эркин маалымат каражаттары бар. Бирок адаттан тыш сексуалдык азчылыктар боюнча мыйзам долбоордун киришүүсүндө тек-жайын айткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралса, чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамда чет жактан каржыланган уюмдарды жана диний уюмдар боюнча мыйзамда диний топтордун каттоо шарттарын катаалдаштырып, айыппулду күчөтөт. Бул өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерине көө жабат. Ошондой 2010-жылкы этностук зордук-зомбулуктан кийинки кайра калыбына келтирүү иштеринде өкмөттүн иш-аракети чектелүү болуп, өзбектерди жоопко тартуу, кодулоо көп болуп жатканы бизди тынчсыздандырат. Көпчүлүк учурда сот маалында айыпталуучу тийиштүү кепилдиктерден куру калат. Милиция болсо улуттук азчылыктарга системалуу түрдө чабуулун улантууда.

Ал эми Чех республикасынын өкүлү кыргыз парламент мүчөлөрүн сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген, этникалык жана расалык өзгөчөлүктөрүнө жараша дискриминацияга жол ачкан мыйзамдарды кабыл албоого чакырган:

- Биринчиден, кодулоо менен басмырлоонун бардык түрүнө: атап айтканда, этникалык, диний, жыныстык жана сексуалдык багыттарына карабастан каршы турган кеңири мыйзамдык базаны иштеп чыгууну сунуштайбыз. Экинчиден, эркин чогулуу жана өз оюн эркин айтууну камсыздап, жарандык коомдун ишмердигин чектеген, тактап айтканда, бейөкмөт уюмдарды тушаган чет элдик агенттер боюнча мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Үчүнчүдөн, аялдарга карата зордук-зомбулукка тыюу салган мыйзамдардын иштөөсүн күчтөндүрүүнү жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, кыз ала качуунун курмандыктарына көмөк көрсөтүүдө каржылоону көбөйтүүнү сунуштайбыз.

Айрым сунуштар кабыл алынбайт

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана Улуттар Уюмундагы өкүлү Гүлнара Искакова 190дон ашык сунуш келип түшүп, алардын 30га жакынын Кыргызстан аткаруудан баш тартканын белгиледи:

- БУУдагы отчет учунунда 74 өлкөдөн 196 сунуш түштү. Алардын ичинен 139ду дароо эле кабыл алып, аткарууга боло турганын айттык. Ал эми 28 сунушту аткарууга мүмкүн эмес деп четке кактык. Дагы 30га жакыны боюнча жоопту кийинчерээк берели деп чечтик. Негизинен биз четке каккан сунуштар сексуалдык азчылыктарга байланыштуу болду. Анткени бир катар мамлекеттер мындай адамдардын укугун коргоо боюнча атайын мыйзам кабыл алгыла деген сунуш беришкен. Биздин делегация бизде сексуалдык азчылык деп бөлүү болбой турганын, алардын укугу Кыргызстандын башка жарандарындай эле башка мыйзамдар менен корголот деп кабыл алуудан баш тарттык.

Вице-премьер Маматалиев болсо айтылган сын-сунуштардын арасында негизсиздери да бар деди. Аларды Кыргызстан аткара албай тургандыгын ачык айткан:

- Биз кумсаларды пропагандалоого каршы жана бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорлорго байланыштуу өз жообубузду бердик. Аны биринчиден, өкмөт эмес парламент иштеп чыкты. Эгер парламент аны кабыл алса, аны өкмөт аткарууга тийиш. Экинчиден, бул мыйзам долбоорлор азырынча кабыл алына элек. Ал боюнча коомчулукта көптөгөн талкуулар жүрүп жатат. Бирок биз өз элибиздин баалуулуктарын эске алуу менен аракет кылышыбыз керек экенин бул жакта эскерттик.

Укук чектеген мыйзамдардын тагдыры

Улуттук баяндаманы талкуулап жатканда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген демилгелер кыргыз парламенти тарабынан көтөрүлүп жатканы белгиленди.

Маселен, Нидерланддардын өкүлү бейөкмөт уюмдар жана сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген демилгелердин парламентте көтөрүлгөнүн сындап, кыргыз депутаттардын укуктук аң-сезиминин жетилбегени Борбор Азияда демократияга үлгү болгон Кыргызстандын кадыр-баркына шек келтирерин эскертти.

Женевадагы талкууга катышкан депутат Наталья Никитенко болсо парламентте сунушталган жогорудагы эки мыйзам долбоору коомдо жана Жогорку Кеңеште талкуу жаратып, бир катар депутаттар ага каршы экенин айтып жооп берди.

- Бул мыйзам долбоор коомчулукта абдан чоң талкууларды пайда кылды. Парламентте да бир нече ирет талкууланды. Ар кандай сунуштар, баалар берилди. Алардын ичинде коомдук жана эл аралык уюмдар тарабынан ар кыл терс пикирлер да айтылды. Биздин парламенттин ачык-айкындуулугун жана андагы талкуулардын курчтугун эске алуу менен бул мыйзам долбоор боюнча ар кандай пикирлер айтылды. Бир катар депутаттар каршылыгын билдиришти. Мындан улам аталган мыйзам долбоор боюнча атайын жумушчу топ да түзүлдү. Ал топ бул тармактагы эл аралык тажрыйбаны изилдеп, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Бул топко мыйзамдын демилгечилери жана башка мамлекеттик орган, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген. Аталган топ мүчөлөрү өткөн жылдын декабрь айында Женевага келип, БУУнун атайын өкүлү катышкан парламенттер аралык союздун жыйынына да катышып кетти. Мындан сырткары бир катар депутаттар бул мыйзам долбоорду экспертизадан өткөрүү боюнча Европарламентке да кайрылды.

Келишимге кошулуп, аны аткарбай койсок биздин саясий, социалдык, экономикалык жана маданий кадыр-баркыбызга шек келтирилиши мүмкүн.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү Эристина Кочкарова эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө «чет элдик агент» боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртуу сунушталганын маалымдады. Депутат Кочкарова Жогорку Кеңеш эл аралык нормаларга каршы келген жана адам укугун чектеген мыйзамдарды кабыл албай турганын белгиледи:

- Бул мыйзам эл аралык уюмдар жана жарандык коомдун тынчсыздануусун жаратты. Алардын пикиринде бул демилге эл аралык мыйзамдык нормаларга каршы келет жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеп, эркиндигине доо кетирет. Буга байланыштуу жана аталган маселенин актуалдуулугун эске алуу менен парламенттин Адам укугу жана конституциялык түзүлүш боюнча комитети өткөн жылдын 24-ноябрында атайын угуу өткөрдү. Анын жыйынтыгында мыйзамдын демилгечилерине бир катар сунуштар берилди. Алардын арасында мыйзам долбоорду артка чакырып алуу сунушу да бар.

Өлкө аброю таразада турат

Анткен менен Кыргызстандын Женевадагы элчиси Гүлнара Искакова Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорлорду иштеп чыгаардан мурун эл аралык нормалар жана милдеттенмелер менен таанышып, укуктук ченемдердин шайкештигине көңүл бурушу керектигине токтолду:

- Эл аралык аренада биз буга парламент күнөөлүү же буга өкмөт күнөөлүү деп айыптап, бөлүштүрө албайбыз. Жалпы Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетет. Ошондуктан мыйзам долбоорлорду киргизип жаткан учурунда депутаттар бул демилгелер эл аралык келишимдерге шайкеш келеби, өзүбүз алган милдеттенмелерге карама-каршы эмеспи деген суроолорду берип, экспертизадан өткөрүп коюшу зарыл.

Гүлнара Искакова
Гүлнара Искакова

Бул жолку баяндамада көпчүлүк өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын укугун коргоону бекемдөөгө жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды токтотууга өзгөчө көңүл бурууга чакырышты. Кыргыз делегациясынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев кыргыз бийликтери бул жаатта айтылган сунуштарды аткарууга аракет кылаарын билдирди.

Элчи Гүлнара Искакова дүйнөлүк коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштарды Кыргызстан аткарышы зарыл, болбосо өлкөнүн эл аралык аброюна шек кетет деп кошумчалады:

- Негизи эл аралык милдеттенмелерге кошулгула деп Кыргызстанды эч ким зордобойт. Ал боюнча өзүбүз чечим кабыл алып, өзүбүз аткарабыз деп милдеттенмелерди алабыз. Анан келишимге кошулуп, аны аткарбай койсок биздин саясий, социалдык, экономикалык жана маданий кадыр-баркыбызга шек келтирилиши мүмкүн. Ар кыл жардам берилбей калышы мүмкүн. Ошондуктан буга кылдат мамиле кылуу керек.

2-февралга чейин Кыргызстанга Улуттар Уюмунун трибунасынан айтылган сын-сунуштарды кабыл алаар-албасын айтууга мөөнөт берилет. Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча кеңеши кыргыз тараптын жообун алгандан кийин анын негизинде июнда өзүнүн толук баасын берет.

Темир тулпар саткандардын арманы күч

Акцияга чыккан машине сатуучулар. 23-январь, 2015-жыл.

Чет өлкөлөрдөн машине ташып иштеген ишкерлер митингге чыгып, өкмөттөн жаңы бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдырууну талап кылышты.

Сырттан машине ташып, ортодогу пайда менен үй-бүлө баккан 50-60 ишкер колдоруна “Ишкерлер куурады”, “Өкмөт бизге жардам бер” деген ураандарды кармап, талаптарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышты. Баштарына калпак кийип, колдоруна желек кармаган ишкерлердин улам бири журналистке арыз-муңун айтып жатышты. Алардын бири Тилек Кожогулов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Мурда бир машиненин бажы төлөмү 800 доллар болсо, январдан бери 5200 долларга жетти. Ошентип мурда беш миң доллар турган машине азыр бажы, жол чыгымдарын кошкондо 12 миң долларга чыгып кетти. Аны эч ким албайт. Бул жерде көбү насыя алып иштеген ишкерлер. Эптеп үй-бүлөсүн багып жатышат. Биз өкмөттөн бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдырууну өтүнөбүз. Эптеп чек арада турган машинелерибизди киргизип алалы.

Ишкерлердин айтымында, учурда 800гө жакын автоунаа Кыргызстанга өткөрүлбөй, чек араларда кармалып турат жана күн санап алардын унаа токтоочу жайга төлөнчү акысы да өсүп барат. Алар аталган унааларды бажы төлөмдөрүн эски тариф менен төлөп, өлкөгө киргизип кетүүгө үлгүрбөй калышкан.

Автоунаа ташуучулар митингге чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Бажы төлөмү алты эсе өстү

Өкмөт өткөн жылдын 22-сентябрында чыгарган токтому менен автоунаалардын бажы төлөмүн алгач 10 центке, 1-январдан тарта 50 центке көтөргөн. Ошентип 2005-жылы өндүрүштөн чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 куб сантиметр унаанын бажы төлөмү сентябрга чейин миң доллар болсо, жаңы жылдан кийин 6,5 миң долларга көтөрүлгөн.

Чогулгандар өкмөттөн мына ушул тарифти чек арада турган унаалар өткүчө эскиси менен эсептеп турууну, ал үчүн февраль соңуна чейин убакыт сурашты.

Темир Сариев
Темир Сариев

Экономика министри Темир Сариев өкмөттүн жаңы бажы тарифи төрт ай бою коомдук талкууга коюлганын, ишкерлердин кызыкчылыгы да эске алынганын айтат. Анын пикиринде, айрым ишкерлер жаңы жылдан кийин машине кымбаттайт деген ой менен билип туруп тобокелчиликке барышкан.

- Ишкерлердин көбү машинелерди январга чейин жетишебиз деп тобокелге салышкан. Алар жолго декабрь айына чыгышкан. Алар кандай болорун билген. Токтом кокустан эле ишке кирип калган жок да, төрт ай убакыт берилди. Бирок ошого карабай ишкерлердин абалын түшүнүп, азыр маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун караштырып жатабыз. Бирок өкмөттүн токтомун жокко чыгарып, же мөөнөтүн узартуу мыйзамга каршы келет.

Сариев кошумчалагандай, учурда атайын жумушчу топ бул маселенин үстүндө иштеп жатат жана өкмөт кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз.

Кыргыздар эми “Лада” минеби?

Бажы төлөмү кымбаттагандан кийин кыргызстандыктар өздөрү каалаган арзан жана сапаттуу темир тулпар сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты. Эми авторынокту Орусиянын сапатсыз унаалары басат. Мындай пикирин “Азаттыкка” экономист Азамат Акелеев билдирди. Анын ырасташынча, өкмөттүн тариф саясаты Орусиянын автомобиль өнөр жайын колдоого багытталган.

Машине базар
Машине базар

- Былтыр Казакстанда эң көп ташылып келген машине орустардын "Ладасы" болгон. Эми бизде да ушундай болот. Көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгарабыз. Эл арзан жана сапаттуу машине алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Эми Бажы биримдигине киргенден кийин ушундай маселелер биринен сала бири чыга берет.

Анткен менен өкмөттүн бажы тармагындагы жаңы тариф саясаты өлкөдөгү эски унаалардан арылууну көздөйт деп Экономика министрлиги элди ынандырып келет.

Кыргызстан Евразия экономикалык аймагына киргенден кийин өлкөнү Орусиянын автоунаалары каптаары турган иш. Анткени ал жактан кирген унааларга эч кандай бажы төлөмү алынбайт. Маселен, аталган биримдиктеги Казакстанга өткөн жылы 120 миңден ашык орус машинеси кирген. Буга чейин Кыргызстанга жыл сайын жүз миңге жакын автоунаа Америка, Германия, Жапония жана Балтика өлкөлөрүнөн ташылып келчү.

"Курманжан датканы" уурдагандар изделүүдө

"Курманжан датка" тасмасы.

Эки күндөн бери “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасы каракчылык жол менен интернет желелерине жайылып жатат.

Бүгүн кино жаатындагы мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулуктан тасманы жайылтпай турууну суранышты. Бул окуя кыргыз коомчулугунда автордук укук боюнча талкууларга жем таштады. Учурда чыгармачыл чөйрөдө аудио жана видео материалдар авторлордун уруксаты жок эле сатылып жатканы башкы көйгөй болуп келет.

Эл аралык абройлуу сынактарга катышып, жакшы бааланып жаткан “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасын 21-январь күнү белгисиз адамдар интернетке жарыялап жибергени маалым болгон.

Аталган тасманын продюсерлеринин бири Фархат Бекмамбетовдун айтканына караганда, фильм буга чейин эле уурдалган экен.

- Биринчи жолу биз ноябрь айында тасма Нарында бирөөлөрдүн колунда экенин угуп, түнү менен барып кармап келгенбиз. Фильм жашы жете элек баланын колунда экен. Андан сексен диск алынган. Бул окуядан көп өтпөй эле Жалал-Абадда пираттык дисктер сатыла баштаганын уктук. Ал жакта да бул ишке тыюу салганбыз. Эми минтип тасманы интернетке жүктөп ийишиптир. Бул атайын эле карасанатайлык менен жасалган иш. Интернетке жүктөгөндөн эч кандай пайда таппайт. Жөн гана "сага да жок, мага да жок" деген душмандык болду. Биз фильмди чет өлкөлөргө сатуу боюнча жарнамага 150 миң доллар каражат сарптаганбыз. Режиссер Садык Шер үч айдан бери Америкада жүрүп, бир нече келишимдерди түзгөн эле. Тасманын интернет сайттарга жайылып кетиши ошол иштерди жокко чыгарды.

Тасмага тартылган чыгармачыл топ
Тасмага тартылган чыгармачыл топ

Фархат Бекмамбетовдун айтымында, бул иш боюнча Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда, кийинчерек Жалал-Абад облусунда күнөөлүүлөр кармалып, бардык материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген. Бирок ошондон үч күн өтпөй тасманын каракчылык көчүрмөсү интернетке жайылып кеткен.

Продюсер бул региондордо кармалган табактагы жана интернет желелериндеги файл бир булактан тараганын, бул иш боюнча шектүүлөр бар экенин, учурда иш укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатканын айтты.

Кылмыш бар, кылмышкер жок

Толук метраждуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильми үч жыл тартылып, өткөн жылдын 31-августунда бет ачар аземи болгон. Андан бери кинопрокатта турган.

"Курманжан датка" тасмасын тартуу учуру
"Курманжан датка" тасмасын тартуу учуру

"Кыргызфильм" фондунун директору, кинопрокатты тейлеген Урмат Айталиевдин айтымында, прокатка чыккан тасма бардык региондордо 20-декабрга чейин төрт миңдей жолу көрсөтүлгөн. Бул убакта жалпы жонунан отуз миллион, салык, кинотеатр ижарасын чыгарып салганда мамлекетке 10 милион сом киреше алып келген:

- Мен так билем. Бул фильм региондорго берилген тасмалардан чыккан эмес. Себеби ал көчүргөнгө болбой турган система менен жаздырылып берилген. Аны бизге фильмди берип жаткан тарап өзүнүн сыр сөзүн коюп берет. Интернеттен анын канча жолу, кайсы убакытта коюлганы оңой эле аныкталып калат. Маданият министрлиги тарабынан график түзүлүп, 38 кинотеатрга таратып, кайра жыйнап алганбыз. Интернет сайттарга тарап жаткан фильм региондорго тараган фильмдердин белгиси эмес экени анык.

Тасмадан бир көрүнүш
Тасмадан бир көрүнүш

Фильмдин продюсери Фархат Бекмамбетов болсо учурда элге жайылып жаткан тасма кинотеатрлардын бирине берилген көчүрмөлөрдөн тарап кетиши мүмкүндүгүн айтат:

- "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильминин уурулардын колуна түшкөн варианты түп-нускадан айырмасы жок. Ал экрандан камерага тартылып алынган эмес. Сапаты жакшы. Түп-нускадан көчүрүлгөн.

Продюсердин айтканына караганда, тарыхый тасманын каракчылардын колуна түшүшү фильмдин тагдырына балта чапты. Эми тасманын эл аралык абройлуу кинофестивалдарга катышуусу да кыйын. Келишимдерге ылайык, чет өлкөгө сатыла турган тасма каракчылар аркылуу таратылбаш керек.

Аңга түшкөн автордук укук

"Курманжан датка" тасмасынын уурдалышы биринчи окуя эмес. Учурда республикада аудио, видео материалдардын көбү пираттык жол менен тарап жатканы айтылып келет.

"Кыргызпатенттин" автордук укук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Ырыс Турсуналиеванын айтымында, "Курманжан датка" тасмасы аталган мекемеде интеллектуалдык менчик катары катталган эмес. Бирок мыйзам боюнча аны автордун укугусуз пайдаланууга болбойт.

- Катталабы же катталбайбы ал автордун өз укугу. Эгер кайсы бир чыгарма пираттар тарабынан уурдалса, автор Финансы полициясына арызданышы керек. Алар материалды карап, анын авторун аныктоо үчүн ишти бизге жөнөтөт. Азырынча Финполициядан бизге «Курманжан датка» боюнча материал түшө элек. Биз автордук укук бузулганын аныктасак ал иш сотко өтөт.

Чет өлкөдө автордук укукту бузгандар катуу жазаланат
Чет өлкөдө автордук укукту бузгандар катуу жазаланат

Мыйзамдын негизинде автордун укугун бузган тарапка административдик жаза колдонулат же кылмыш иши ачылат. Бирок "Кыргызпатенттин" инспектору Аскар Нажимүдиновдун айтымында, республикада автордук укук жаатында буга чейин кылмыш иши козголгон учур болгон эмес.

- Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик боюнча кодексинин 340-беренеси боюнча аудио жана видео материалдарды уруксатсыз колдонулган учурда андагы алынган товардын суммасына карата айып пул салынат. Эгер кайсы бир кинонун диски кармалып, анын наркы элүү миң сомдан ашса гана кылмыш иши козголот. Эгер ага жетпесе, беш миңден он миң сомго чейин айып пул салынышы ыктымал. Сатуучулар эч качан пираттык дисктердин суммасын элүү миң сомдон ашырбайт. Ал эми кампаларын табуу кыйын. Ошондуктан бул иш боюнча эч качан кылмыш иши козголбойт.

Руслан Акун "Салам, Нью-Йорк" тасмасын тартуу учурунда
Руслан Акун "Салам, Нью-Йорк" тасмасын тартуу учурунда

Буга чейин «Салам, Нью-Йорк» тасмасынын режиссеру Руслан Акун да өзүнүн фильми "пираттар" тарабынан уурдалып, бирок автордук укукту коргоо боюнча жазылган мыйзамдын чийкилигинен күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тарта албай жүргөнүн айтып чыккан.

АКШ Соода өкүлчүлүгүнүн башкармалыгы акыркы жылдарда жарыялаган баяндамасында Орусия, Кытай, Украина, Пакистан интеллектуалдык менчиктин укугун коргоого өтө эле салкын мамиле жасаган мамлекеттердин катарына кирери айтылган.

Ал эми автордук укук сакталган, жагдай кыйла жакшы делген өлкөлөрдүн тизмесинде Беларус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бар экен. Аталган мекеме дүйнө коомчулугун автордук укукту сактоого чакырып келет.

Жолдубаеваны жөлөп-таягандар кимдер?

Индира Жолдубаева баш прокурорлукка дайындалса, өлкө тарыхында эң жаш баш прокурор болуп калат.

Жогорку Кеңештеги КСДП жана “Республика” фракциялары баш прокурор кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды.

Президент Алмазбек Атамбаев 22-январда баш прокурорлукка Жолдубаеваны сунуштаган эле. Жооптуу саясий кызматка көрсөтүлгөн, аты коомчулукка анча деле белгисиз Индира Жолдубаева деген ким?

Баш прокурорлукка Индира Жолдубаева сунушталганы маалым болоор замат бул кызматка аты анча таанымал болбогон адамдын көрсөтүлүшү, анын жашы, иш-тажрыйбасы жана туугандык байланышы боюнча коомчулукта, социалдык түйүндөрдө талкуу жаралды. Атүгүл ар кандай шакабаларга жем таштады.

“Республика” фракциясынын төрагасы Максат Сабиров Жолдубаеванын жашына жана тажрыйбасына байланыштуу айтылып жаткан дооматтарды четке какты. Аталган фракция жаш болгон үчүн анын талапкерлигин колдоп бергенин баса белгиледи:

- Эгер тажрыйбасы бар деп тандасак анда жалаң эле пенсионерлерди дайындашыбыз керек. Өзүбүз болсо "жаштар кызматка келбей жатат" деп кыйкырып жатабыз. Жаштар барса “ой, булар жаш” дейбиз. 35-40 жаштагыларды жаш деп жатабыз. Илгери Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов саясатка 20 жашында кирген. Жаш болгон үчүн биз колдодук. Буга чейин иштеген жерлерин көрдүк. Бири-бирибизге ишенбей жүрө берсек эч качан оңолбойбуз. Жаштарга да ишенич көрсөтүшүбүз керек.

Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн 2012-жылдан тарта жетектеп келген Жолдубаева 35 жашта, никеси жана балдары жок. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридикалык факультетин 2002-жылы аяктаган.

Баш прокурорлукка белгисиз, аты да, заты да таанымал эмес адамдын дайындалышы саясий катачылык, бул анын бийлигин, кадыр-баркын бекемдебейт.

Иш жолун ошол жылы Сорос-Кыргызстан корунда юрист-кеңешчи болуудан баштаган. Бир жылдан кийин эле “Манас” эл аралык аба майданына келип юрист болуп үч жыл иштеген. 2009-жылга чейин “Компаньон” микрокредиттик компаниянын юристи, “ДЭКА” жабык акционердик коомунун аткаруучу деректири өңдүү кызматтарды аркалаган.

Мамлекеттик кызматка 2009-жылы кирген жана бир жыл Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчи орун басары болуп турган. 2010-жылы бийлик алмашканда ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын Укукту камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Жолдубаева парламенттик жана президенттик шайлоолордо Атамбаевдин штабында иштегени да маалым болду.

Ал Конституциялык соттун мурунку төрайымы Чолпон Баекованын бир тууган сиңдисинин кызы жана Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашевдин карачечекей балдызы.

Ишеним да, күмөн саноо да бар

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев “Азаттыкка” курган маегинде Жолдубаеванын баш прокурорлукка көрсөтүлүп жаткан себептерин айтып берди. Анын жогорку окуу жайды артыкчылык менен бүтүргөнү, он жылдан ашкан юридикалык тажрыйбасы жана жеке мүнөзү баш прокурорлук кызматка төп келет деди:

- Акыркы төрт жыл бою сот жана укуктук системаны реформалоо маселелери менен алектенген. Чоң, 114 эксперттен турган, жети топту жетектеп, жаңы Кылмыш кодексин, Кылмыш-процессуалдык кодексин, Жарандык-процессуалдык кодексин жана башка сот, прокуратурага тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуунун башында турду. Жеке сапаты тууралуу айтсак, мүнөзү бекем, сөзүндө турган, баштаган ишин аягына чейин чыгара билген адам. Ар бир ишти ийне-жибине чейин изилдеп туруп пикирин айтат. Жыйынтык чыгарарда шашпайт. Абдан токтоо киши. Накта баш прокурорлукка тиешелүү сапаттарга ээ. Бул кызматка толугу менен ылайыктуу. Ишин ийгиликтүү алып барат.

Антсе да прокуратура тармагында эзели иштебеген Индира Жолдубаеванын президенттин аппаратынан бөлүм башчылыгынан дароо баш прокурорлукка көтөрүлүп жатышы кыргыз коомчулугунда таң калууну, сын-пикирди жана айрым бир күдүк ойлорду жаратты.

“Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова сот реформасын алдыга жылдыра албаган кадрдын баш прокурорлукка көрсөтүлүшүн акылга сыйбай турган чечим деп атады:

- Президенттин бир аймакты эптей албаган адамды ушул эле чөйрөдөгү чоң кызматка көрсөтүп жатканы мага түшүнүксүз. Президентке Жолдубаеванын сот реформасын ойрон кылганы жетишсиз болуп жаткан го. Эми прокуратураны да таптакыр тыптыйпыл кылгысы келип жатабы? Башкы прокуратура оппозициянын ооздукталышына жооп бербейт. Ал деген мыйзамдуулуктун так сакталышына, тергөөнүн, ыкчам иликтөө иштердин жүрүшүнө көзөмөл кылат.

"Айкөл эл" партиясынын лидери, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун баамында, Жолдубаеванын көрсөтүлүшү саясий катачылык болуп саналат:

- Бул адам коомго таанымал эмес. Акыркы жумушу, ага чейинкилери деле саясий кызмат эмес эле, клерк өңдүү кагаз иштерин бүтүрүү менен байланыштуу болгон. Баш прокурор деген саясий жоопкерчиликти көтөрө турган адам болушу керек. Жалпы элдин ишенимине ээ болгон, аты булганбаган, репутациясы бийик болушу кежет. Же болбосо дайындап жаткан президенттин мандаты өтө күчтүү болушу керек. Ал болсо “мен дайындап жаткандан кийин мага ишенгиле, мен жооп берем” деп айтышы зарыл. Атамбаев болсо эки жумадай мурун эле “жок, Салянова иштейт, ал кетпейт, керек болсо президент болот” деп айткандан кийин эле жумуштан алынып жатат. Атамбаевдин деле азыр мандаты, же эл арасындагы ишеними бекем эмес. Ошондуктан баш прокурорлукка белгисиз, аты да, заты да таанымал эмес адамдын дайындалышы саясий катачылык, бул анын бийлигин, кадыр-баркын бекемдебейт жана мыйзамдуулукту күчөтө албайт.

Бас-бас болгон чуулгандуу иштер

Индира Жолдубаеванын аты буга чейин соттор жана сотторду тандоо, дайындоо боюнча чуулуу окуяларга байланыштуу айтылган.

Былтыр Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын тандоого бийликтен басым болуп жатканы боюнча парламентте маселе көтөрүлгөн эле. Социал-демократтар фракциясында аталган кеңештин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн судья Жамиля Нурумбетова алгач өтпөй калган. Бирок кийин добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген шылтоо менен кайра шайлоо болуп, Нурумбетова өтүп кеткен.

Турат Мадылбеков
Турат Мадылбеков

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Турат Мадылбеков бул иштин артында президенттик аппараттын бөлүм башчысы Индира Жолдубаева турганын айтып чыккан:

- КСДП фракциясында талаш-тартыш болуп жатып, акыры экинчи ирет добуш берүү менен Нурумбетованы өткөрүп алышты. Каяктан шамал согуп жатканы түшүнүктүү эле болсо керек. Индира Жолдубаева мурунтан эле Нурумбетованы Сотторду тандоо кеңешине "түртүп" келгени белгилүү. Сот тармагындагы “серый кардиналдар” Акаев менен Бакиевдин тушундагыдай эле бар. Бирок элибиз эки ыңкылапты башынан өткөргөндөн кийин да мына ушундай деңгээлге жетет деп мурда ойлогон эмес элем. Азыр сот тармагындагылар өздөрү келип бүтүндөй сот тутуму мына ошол адамдын колунда экенин айтып жатат. Мындай жагдайда соттун көз каранды эместиги тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес.

Былтыр жайында да Бишкектеги Октябрь райондук соттун төрагалыгы талашка түшүп, ага Жолдубаева өз кишисин түртүп жатат деген доомат коюлган. Жолдубаева болсо мунун баарын четке каккан.

Баш прокурорлукка Жолдубаеванын талапкерлигин эми дагы үч фракция жана парламенттин тиешелүү комитети карап, өз бүтүмүн бериши керек. Андан кийин жалпы отурумда каралмакчы. Бирок анын талапкерлиги жактырылып, баш прокурор кызматына дайындала турганы азыртадан эле дайын болуп калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG