Милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Парманкуловго журналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө 2009-жылы кол салган кылмыш фактысы боюнча иш козголуп, камакка алынганы кабарланууда.
Сүрөтчү, керамист, дизайнер жана график Замир Илипов 1978-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Айылдагы мектепти 8-класска чейин окуп, андан ары Бишкек шаарындагы Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм-сүрөт мектебинде билимин уланткан. 1996-жылдан баштап Тургунбай Садыков атындагы көркөм -сүрөт академиясынан билим алып, ушул жылы аспирантурасын аяктады.
Жаңы жылдын алдында Ош шаарына газ берилип, түштүк борбордун тургундарына күтүүсүз белек жасалды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялап, айрым белгисиз маалыматтарды ачыктады.
1-январдан баштап Орусиянын "Чет элдик жарандар жөнүндө" жаңы мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык эми КМШ өлкөлөрүнөн жумуш издеп баргандар патент алуусу шарт.
Кыргызстандын 2015-жылдагы биринчи ымыркайы Жаңы жыл түнү Бишкектеги №2 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди.
Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялады.
Күндүз эле Ош аба майданынан ири суммадагы акча менен кошо адамдын уурдалышы облуста элдин коопсуздугу канчалык камсыздалган деген суроо жаратты. Буга байланыштуу Ош шаары жана облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
2014-жыл Кыргызстан экономикасында өсүштүн басаңдоо жылы болду. Ошондой эле улуттук валюта сомдун курсун кармоо үчүн жыл аягына чейин тынымсыз күрөш жүрдү.
Жаңы жыл майрамы бир катар шаан-шөкөт, оюн-зооктор менен коштолду. Ошол эле кезде жагымсыз окуялар жана кырсыктар да болбой койгон жок.
Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курамасы Шериктештик кубогу үчүн мелдешке даярданууда.
Жылдын жаңырышына адаттагыдай эле асманга атылган фейерверк, салюттар көрк берди шекилди. Сиднейдеги салют шоусуна жетпесе дагы Бишкек шаарынын үстү түркүн-түстүү жарыктарга боёлду.
Узаган жылда Кыргызстан сөз эркиндиги, коррупциянын деңгээли жагынан эл аралык беделин жакшыртты. Бирок саясий туруктуулук, бизнес жүргүзүү маселесинде көп өлкөлөрдөн артта калды.
Дагы жүктөңүз