Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:41

Кыргызстан

Кыргыз-өзбек чек арасынын көкөйгө тийген көйгөйү

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети.

Баткендеги Боз-Адыр айыл аймагынын “11 гектар” участкасында өзбек чек арачыларынын кыргызстандыктарга ок чыгарышы жергиликтүү элди нааразы кылды.

Кыргыз-өзбек чек арасында атылган октон жабыркаган Боз-Адыр айылынын эки тургуну Баткендеги облустук ооруканада дарыланып жатышат. Абалдары туруктуу.

Чек ара кызматы кыргыз жарандары өткөрмө бекети жок жерден аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган деп билдирүү таратса, жергиликтүүлөр Өзбекстан аймагынан транзиттик каттамдагы кооптуу абалды жөнгө салуу үчүн шарт түзүшү керектигин айтышат.

30-декабрда таңкы саат алты чамасында Баткен районунун Боз-Адыр айылынын эки тургуну “Мерседес гигант” унаасы менен Өзбекстандын Шархабад айылын аралап өтүп бараткан учурда чек арачылардын огуна кабылган. Ошого карабай алар Кыргызстандын аймагына чейин унаасын айдап өтүп, андан ары адырларды аралай качышкан.

Учурда ок тийген эки жарандын биринин денесиндеги ок алынды. Майрамбек жана Талантбек аттуу бул тургундардын бир тууганы Болотбек Ашимов кошуна чек арачылардын эскертүү огун чыгарбай туруп түз атканына нааразы:

- Кеп тартып бараткан жүктүн аткезчилик же мыйзамдуу экенинде эмес да. Алар эч кандай эскертүүсүз эле кишилерге ок чыгарып жатпайбы. Эмне үчүн транзиттик каттам менен бараткан унаага антип мамиле жасоо керек? Алгач дөңгөлөгүнө атса токтойт эле го. Инилерим Кыргызстандын аймагына өткөндөн кийин машинаны таштап жөө качышкан. Өзбекстандын чек арачылары дароо машинаны өз аймагына тартып кирип кеткен.

Окуя орун алган жерде жабыркагандардын жакындары, айылдаштарынан 50 чакты киши топтолуп, кошуна чек арачылардын аракетине нааразылык билдирди. Алар өкмөт Өзбекстандын Сох анклавындагытранзиттик каттамды коопсуз кылып макулдашуусу зарылдыгын айтып, Боз-Адыр айылына караштуу “11 гектар” аймагына ээн-эркин каттоону камсыздоо талабын коюшту.

Эл менен жолугушууга барган облустук акимчиликтин коргонуу жана укук-тартип иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Адыбек Набиев окуя боюнча эки тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатканын, жыйынтыкка жараша чечимдер кабыл алынарын билдирди:

- 30-декабрь күнү эртең менен Баткен районунун Боз-Адыр айылы менен Өзбекстандын Сох анклавынын чектеш аймагында Кыргызстандын эки жаранына ок атылган. Жаракат алгандар облустук ооруканада жатат. Бул окуя боюнча чек арачылар, тийиштүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Жыйынтыгына жараша окуя кайсыл аймакта, ким күнөөлүү экенин аныкталат.

Өзбекстан менен чек аралаш туруп, кээ бир аймактары кошуна өлкөгө көз каранды болуп калган Боз-Адыр айылынын тургундары кошуна өлкө менен чек араны бир бекем тартипке салып, каттамдарды коопсуз абалга келтирбесе, мындай эскертүүсүз ок атуудан кооптонуп калганын айтышат.

Жыл башында эле ушул айылдан тургунуна кошуна чек арачылардын огу жаңылып, каза тапкан. Бозадырлык Өмүрбек Жороев айылдын бир бөлүгүнө өтүү үчүн кошуна чек арачыларга көз каранды болуп, коркуп каттагандан тажаганын айтып берди:

- Мына ушул 11 гектар жер Кыргызстанга тиешелүү. Бирок ага өтүүдө Өзбекстанга көз каранды болуп калганбыз. Мал-жандык же бала-чака менен өткөндө кенен-кесири баса алабай калдык. Биз эми мал кароого чыкканда да паспорт алып жүрүшүбүз керек. Мамлекет ушул маселеге кайдыгер карабай, көйгөйдү чечип берсе жакшы болмок. Бүгүн Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип, машинени ары алып кирип кетишти. Чынын айтсам, чек арада жашоодон кыйналдык.

Быйыл жыл башынан бери эле Өзбекстан менен чектешкен Баткен облус аймагынан төрт атуулга өзбек чек арачыларынын огу жаңылып, бирөө каза болгон. Ок атуулардын баары аткезчилик менен жүк ташууга байланышкан.

"Ачык" өткөн акыйкатчы шайлоо

Акыйкатчыга берилген добуштарды эсептөө. 30-декабрь, 2015-жыл

Парламент депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Кубат Оторбаевдин талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдоп берди.

КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары тарабынан көрсөтүлгөн Кубат Оторбаев кайсы тарапта арыз-даттануулар көп болсо, ишти ошол жактан баштарын билдирди. Ал ортодо оппозиция тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер шайлоонун таза өтпөгөнүн айтып, бийликтин акыйкатчысы чындык менен иштерине ишенбей турушат.

Талапкерлер тескери качты

Декабрь айында экинчи ирет акыйкатчыны шайлоо үчүн чогулган парламент тажрыйбалуу болуп калганы дароо билинди. Бул саам түнгө чейин добуш бербестен, ишти шар баштап, түшкү танаписке чейин талапкерлердин программаларын угуп, түштөн кийин дароо шайлоого киришти.

Талапкерлер демекчи алгач күндүн башында жети талапкер катталганы менен көп узабай төртөө өз талапкерлигин алып салышты. Айрымдары добушун башка талапкерге берүүгө үндөсө, кээ бирлери алдын ала таза шайлоо болбосун жүйө келтиришти. Талапкерлигин алып салган Мавлян Аскарбеков акыйкатчыга добуш берүү партиялык кызыкчылыктын негизинде жүрүп жатканына нааразы.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

- Бул жерде карапайым элдин же мамлекеттин кызыкчылыгы эмес, фракция кызыкчылыктары алдыга коюлуп, шайлоо ошол жол менен өткөнү жатат. Мына ошол себептен мен өз талапкерлигимден аргасыздан баш тарттым.

Төрт адам өзүнүн талапкерлигин алып салган соң, коалициядагы “Кыргызстан” жана КСДП фракциясы тарабынан сунушталган талапкер Кубат Оторбаевдин жеңишке мүмкүнчүлүгү жогорулап жатты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кубат Оторбаев 63 добуш алып акыйкатчы кызматына шайланды. Калган талапкерлер Рита Карасартова менен Алишер Мамасалиев 26дан добуш алды.

Жабык добуш берүү кантип “ачылды”?

Акыйкатчыны шайлоо убагында жашыруун добуш берүү болгонуна карабай, бюллетендерди көзөмөлдөөгө алган учурлар байкалды. КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика - Ата Журт” фракциясынан депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Азизбек Турсунбаев, Мирлан Жээнчороев, Акылбек Жамангулов ар бир бюллетендеги добуш берүүлөрдү байкоого алып жатышты. Добуш берген депутаттар өз ыктыяры менен бюллетендерди көрсөтүп, андан кийин гана урнага салып жатышты. Бирок эл өкүлү Жанар Акаев кайсы бир талапкерге добуш берүү тапшырмасы болбогонун “Азаттыкка” билдирсе, депутат Мыктыбек Абдылдаев бул көрүнүштү "ар бир фракциянын өзүнүн абийирине коюу керек", - деди.

Жабык добуш берүү кантип “ачылды”?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Оппозиция болсо акыйкатчы кызматындагы адам көз карандысыз, бийликтин адамы болбошу керектигин айтып кала беришти.

Оппозициялык фракциядан көрсөтүлүп, бирок жетиштүү добуш албай калган талапкер Рита Карасартова бийлик укук коргоо жаатындагы адамды азчылыкка берүүнү ыраа көрбөгөнүн айтууда. Карасартова мыйзам бузуулар бийликтеги адамдар тарабынан болгон учурда, омбудсмен кара кылды как жарып иштеп берет дегенди элестете албай жатат.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

- Бийлик укук коргоо жаатында да өзүбүздүн кишибиз болуш керек дегендин максатына жетти. Негизи адамдардын укуктары бийлик бар жерде бузуларын унутпасак. Мамлекеттик структурадан ыдык көргөн же милициядан тепки жеген адам арыз менен кайрылганда, күч органдарына тайманбай айтып, анын укугун коргоп берген адам болушу керек. Бирок өзү бийликчил акыйкатчы болсо кантип анан бийликтегилерди сындай алат?

Оторбаев: эл үчүн иштейм

Акыйкатчы болуп шайланган Кубат Оторбаев “Азаттыкка” берген маегинде, бийликтин камчысын чаппай, мыйзам бузуулар, кыйноо, зордук-зомбулук тууралуу ачык айтып, бектен да, хандан да кайра тартпай кызмат кыларына ишендирип өттү.

Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

- Талапкер кайсы фракциядан көрсөтүлгөнү маселе эмес. Омбудсмен шайланган күндөн тартып жалпы өлкөдөгү адамдардын укугун коргойт. Мамлекеттик органдар, аткаминерлер тарабынан туура эмес кабыл алынган чечимдерден улам укук бузулуп жатат. Ошондуктан каалайбызбы, каалабайбызбы акыйкатчы өзүнүн калыс сөзүн айтышы керек. Бирөөгө жаман, бирине жакшы көрүнөсүң. Бирок бул жумуш.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00
Түз линк

Жаңы акыйкатчы алдыда кайсы багытта арыздар көп келип түшсө, ошол тармакта ишти күчөтөрүн, республикада кабыл алынган чечимдер боюнча анализ жүргүзүү зарылдыгын белгилөөдө. Бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңөө мыйзам долбоору боюнча үн кошкон Оторбаев, бардык органдарга сырттан келген каражаттардын ачыктыгын колдой турганын, бирок бул кылдат каралчу маселе экенин кошумчалады.

43 жаштагы Кубат Оторбаев 1994-жылы журналисттик ишмердигин баштаган. 2000-2001-жылдары Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Бишкек бөлүмүндө кабарчы, 2002-жылдын январынан тарта “Азаттыкта” кабарчы, андан соң интернет редактор болуп иштеген.

2005-жылдын мартынан 2010-жылдын апрель айына чейин “Азаттыктын” Бишкек бюросунун - “Азаттык Медиа” мекемесин жетектеген. 2010-жылдын апрель айынан 2014-жылдын август айына чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп эмгектенген.

Бишкекте дельфинарий ачылды

Бишкекте дельфинарий ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Жабык добуш берүү кантип “ачылды”?

Жабык добуш берүү кантип “ачылды”?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Медайымдар "көңүл" сураган догдурга капа

Иллюстрация

Ошто №1 стоматологиялык эмканасынын кызматкерлери жетекчисинин мамилесине, моралдык жүрүм-турумуна жана жемкорлук арaкетине даттанып, коомчулукка кайрылышты.

Аталган эмкана жетекчиси Талантбек Төрөканов өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда. Кесиптик кошуун өкүлдөрү мындай билдирүүлөр тыкыр иликтениши зарылдыгын билдиришет.

Жамиля Кыргызбаева Ош шаардык №1 тиш эмканасында 15 жылдан бери эмгектенет. Ал бүгүн жетекчисинин адаттан тыш мүнөздөрү тууралуу буларды айтты:

- Жаш кыздарды төшөккө чакырат. 2010-жылы мага да башка бирөөлөр аркылуу сунуш кылган. Мен анда бөлүм башчы болуп иштечүмүн. Кийинчерээк мени кабинетине чакыртып алып “Сенин тыкылдап иштегениңдин мага кереги жок. Айтса көнбөй коюпсуң. Анда өзүңдүн досторуңдан алып келип берип тур” деген. Мен сага ортомчу боло албайм деп, өз арызым менен бөлүм башчылыкты тапшырып бергем. Бирок менден кийин да бөлүм башчы болуп келген кызды кудум ошондой абалга калтырган. Ал дагы “Мен антип иштей албайм” деп чыдабай кетип калды.

Дарыгерге нааразы медайымдар
Дарыгерге нааразы медайымдар

Эмкананын дагы бир кызматкери Токтогул Матисаков жетекчиси Талантбек Төрөкановдун кыз-келиндерди ортомчу аркылуу төшөккө чакырган адаты бар экенин ырастоодо. Анын айтуусунда, Төрөканов медайымдарга эмгек этикасынан тыш мамиле жасоону адатка айлантып алган.

- Эми ал чакырса, чакырып аткандыр. Мен дагы кесиптештеримден угуп эле жүрөм. Дарыгер айымдардын үйүнө чейин адам жиберип, кат таштатып жүргөнүнөн кабарым бар. Жада калса үй-бүлөсүнө жарака кетирген сүрөттөр жөнүндө да угуп атам. Бирок эми эч ким ал фактыны колунан кармап алган жок. Ошондой болсо дагы дарыгер аялдардын кеп кылганы эле ушул болуп калган.

Эмканадагы кызматкерлердин нааразылыгына башка себептер да бар экени жыйында маалымдалды. Дарылоо мекемесинин бөлүм башчысы Абдухалил Ахматовдун айтуусунда, жетекчи ар бир кызматкерге айына 1500 сомдон салык салып койгон. Андан сырткары ар бир тиш дарылоочу кресло үчүн 6 миң сом жетекчиге кирип турат дешти. Бирок бул дооматтар сотто далилденген эмес.

Талантбек Төрөканов
Талантбек Төрөканов

Аталган эмкананын жетекчиси Талантбек Төрөканов болсо кесиптештеринин дооматтарын четке какты. Ал мунун баарын эмкана башчылыгынан кетирүү максатында уюштурулган кутум деп сыпаттады.

- Мен неберелүү адаммын. Ушул жердө өзүмдүн кызым, аяш кыздарым иштейт. Булар уят дегенди деле унутуп калышыптыр. Ушуга таң калып атам. Үч дарыгердин билдирүүсүнө эмканада эмгектенген башка медайымдар уялып, ыза болууда. Адатта мен бирөөнү кабинетке чакырган болсом, бөлүм башчы же профкомдун катышуусу менен гана сүйлөшөм. Мурда бейтаптар төлөгөн акча дарыгерлердин чөнтөгүнө түшчү. Мен ошол коррупцияны жоюу үчүн бейтаптарга тейлөө акысын кассага төлөө тартибин күчөткөм. Эми ошол мүмкүнчүлүктөн айрылып, нааразы болуп жатышат. Айрымдары ойдон чыгарган ушакты жүйө кылып, эптеп менден арылууну каалашууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин бир нече ирет текшерүүлөрү ал арыздар негизсиз экенин далилдешкен. Ал эмкананын мен келгенге чейинки абалы менен азыркы абалына бааны эл берет.​

Бул окуялар тууралуу саламаттыкты сактоо тармагынын Ош облустук кесиптик бирлиги да маалымат каражаттарынан кабардар болуп отурат. Аталган уюмдун төрагасы Сыдык Ашимов дарыгер айымдардын билдирүүсү кылдат иликтениши керектигин билдирди.

- Бул кадыресе көрүнүш эмес. Башкы врачтын дарыгер айымдарды кабинетине чакырганы, интимдик темада сөз козгогону, дарылоо мекемесинде гана эмес, бардык эле жамааттарда такыр жол берилбеген көрүнүш. Эгер ошол айымдардын айтканы чын болсо, ал жетекчи жазаланышы керек. Муну укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек. Кээде жалаа жапкандар да болот. Кантсе да жетекчи тууралуу ушундай дооматтын айтылышы жакшы көрүнүш эмес.

Талантбек Төрөканов Ош шаардык №1 тиш эмканасын жети жылдан бери жетектейт. Кесиптештеринин айтуусунда, буга чейин бир нече даттануулар болгонуна карабай, жемкорлук боюнча козголгон кылмыш иштери далил жетишсиздигинен улам кыскарып кеткен. Азыр да башкы дарыгер Төрөканов менен айрым кызматкерлер жок кылынган тиш дарылоочу креслолордун айынан соттошууда. Ош шаардык милициянын маалыматына караганда, билдирүү жасаган айымдар эмканадагы сексуалдык басым тууралуу арызданышкан эмес.

Буга чейин "Таяныч” профсоюздук уюму ар кандай кызматтагы аялдардын укуктарын изилдеп чыгып, кыз-келиндер жумушка орношууда жетекчилердин "көңүл" суроосуна дуушар болушарын айтып чыккан.

Уюмдун билдиришинче, аялдарды сексуалдык жактан колдонуу көрүнүштөрүн далилдөөгө дээрлик мүмкүн болбогондуктан, ал коррупциянын көрүнбөгөн тармагына айланып бара жатат.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин таржымалы

Кубат Оторбаев ант берүүдө

Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына 63 добуш менен Кубат Оторбаевди шайлады.

Кубат Оторбаев 43 жашта. Ал Нарын облусунун Казыбек айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктап, 1994-жылдан тартып журналисттик ишмердигин баштаган. “Асаба” гезитинде кабарчы, баш редактордун орун басары, “Кыргыз руху” гезитинин баш редактору болуп иштеген.

2000-2001-жылдары Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Бишкек бөлүмүндө кабарчы, 2002-жылдын январынан тартып “Азаттыкта” кабарчы, андан соң интернет редактор болуп иштеди.

2005-жылдын мартынан 2010-жылдын апрель айына чейин “Азаттыктын” Бишкек бюросунун - “Азаттык Медиа” мекемесин жетектеген. 2010-жылдын апрель айынан 2014-жылдын август айына чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп эмгектенген.

Жаңы шайланган акыйкатчы Кубат Оторбаев "Азаттыкка" курган маегинде кайсы багытта арыздар көп келип түшсө ошол тармакта ишти күчөтөрүн, республикада кабыл алынган чечимдер боюнча анализдер жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

- Акыйкатчы жалпы Кыргызстандагы жарандардын укугун коргой турган адам. Укук кайсы жерде бузулуп жатат? Мамлекеттик органдар, чиновниктер кабыл алган чечимдер тарабынан бузулуп жатат. Ошондуктан каалайсыңбы, жокпу акыйкатчы калыс сөзүн айтыш керек. Бул жумуш адамдардын укуктары менен эркиндиктерин чектеген, аны бузган мыйзам бузуулар, кыйноо, зордук-зомбулук тууралуу ачык айтып бектен да, хандан да кайра тартпай кызмат кыла турган жумуш.

Бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңөө мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирген Оторбаев, бардык органдарга сырттан келген каражаттардын ачыктыгын колдой турганын, бирок бул кылдат каралчу маселе экенин кошумчалады.

Жабык добуш берүү кантип “ачылды”?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Акыйкатчы болууга жалпысынан 36 талапкер арыз берген. Алардын ичинен фракция жана тиешелүү комитет жети кишини тандап алган. Кубат Оторбаевди акыйкатчы кызматына КСДП фракциясы көрсөткөн.

Ал эми “Республика-Ата-Журт” Рита Карасартованы, "Кыргызстан" фракциясы Нуркамил Мадалиевди, “Ата Мекен” Мавлян Аскарбеков менен Толкун Исаковду, “Бир Бол” фракциясы Абдыжапар Бекматовду, “Өнүгүү-Прогресс” - Алишер Мамасалиевди көрсөтүшкөн.

Кыргыз-өзбек чек арасында эки жаранга ок тийди

Кыргыз-өзбек чек арасы

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүн 30-декабрда Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында кыргызстандык эки жаран октон жарадар болду.

Кыргыз-өзбек чек арасында октон жабыркаган эки кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Жарадарлардын бирине облустук ооруканада операция жасалып, денесиндеги ок алынды. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы дурус.

“Азаттыктын” Баткендеги кабарчысынын кабарлашынча, окуя болгон жерге Баткен чек ара отрядынын башчысы барып, жагдайды тактоо үчүн эки тараптуу жолугушуу өткөрүү демилгесин көтөрдү.

Акыркы мезгилде киши өмүрүн алган чек арадагы окуялардын тез-тез кайталанып жатышы эки өлкө мамилесине эле доо кетирбестен түбөлүк кошуна жашаган эки элдин да мамилесине суу сээп жатканы көп айтылчу болду.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы мындай окуялар соңку жылдары бат-бат кайталанууда. Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Өзбекстан менен чектеш Какыр жергесинде бир жаран өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан. Ал эми 19-майда Кадамжайдан жолго чыккан айдоочу Өзбекстан аймагында токтоого уруксат жок экенине карабай, эки жолоочу аялды машинеге салганы үчүн ушундай окуяга тушуккан.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, учурда анын 320 чакырымы тактала элек. Мунун айынан акыркы жылдары чек арада ар кандай чыр-чатактар орун алып келет.

Жалал-Абад аэропорту иштей баштады

Жалал-Абад аэропорту иштей баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Темир алачыкта тосулган Жаңы жыл

Темир алачыкта тосулган Жаңы жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:25 0:00

Немцовдун өлүмүндөгү “чечен изи”

Борис Немцов президент Путиндин келишпес сынчысы болчу.

Орусиянын тергөө комитети биринчи жолу саясатчы Борис Немцовду өлтүрүүгө буюртма берди делген адамдын атын атады.

Бул иш боюнча Чеченстандын ички иштер министрлигинин “Түндүк” батальонунун кызматкери Руслан Мухидиновго эл аралык издөө жарыяланды. Немцовдун адвокаттарынын жана санаалаштарынын айтымында, анын өлүмүнө Чеченстандын жетекчилиги кызыкдар болгон.

Аскер айдоочусу "башкы буюртмачы" деп табылды

Орусиянын тергөө комитети саясатчы Борис Немцовдун өлүмүн иликтөө иши аягына чыгып калганын жарыялады. Тергөө бул ишке шектелип, кармалган беш адамдын төртөөнө – Заур Дадаевге, Шадид Губашевге, Темирлан Эскерхановго жана Хамзат Бахаевге айыбын угузду. Төртүнчү айыпкер Анзор Губашевдин адвокаты сапарда болгондуктан, ага айып тагуу кийинкиге калды.

Орусиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин айыптоого жетиштүү далилдер топтолгонун айтып, бул адам өлтүрүүнү ким уюштурганын биринчи жолу расмий атады:

- Чогулган далилдердин негизинде бардык айыпкерлердин бул ишке катышы бар экени толук тастыкталды. Аталган далилдердин арасында жетимиштен ашуун ар кандай татаал соттук экспертизалардын корутундулары дагы бар. Бул кылмыштын буюртмачысы жана негизги уюштуруучусу тууралуу айта турган болсок, ал тергөөнүн версиясы боюнча Руслан Мухидинов болуп чыкты.

Руслан Мухидинов мурда тергөө материалдарында кылмыштын болжолдуу уюштуруучусу деп көрсөтүлгөн. Бул жолу ал Немцовду өлтүрүүгө буюртма берүүчү катары табылып, сот аны камоого сыртынан чечим чыгарды. Мухидинов Чеченстандын “Түндүк” батальонунун жогорку даражалуу офицери Руслан Геремеевдин айдоочусу болгон. Мына ошондуктан Немцовдун адвокаттары буюртмачыны Чеченстандын жогорку аскер чиндеринин арасынан издөөнү сунушташууда.

Жабырлануучу жактын адвокаттарынын бири Вадим Прохоров болсо “тергөөдө али кармалып, сурала элек Мухидиновдун бул иштеги ролу атайын чоңойтулуп, коомчулуктун көңүлүн Рамзан Кадыровдон алагды кылуу аракети жүрүп жатат” деп белгиледи. Анын айтымында, Руслан Мухидинов “сары улак” катары садага чабылып, Борис Немцовду өлтүрткөндөр бийликтин жогорку тепкичинде көмүскөдө калууда.

Немцовду өлтүрүүгө "буйрук берүүчү" аталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

Сурактан "качкан" Рамзан Кадыров

Быйыл октябрда Москванын Басман соту Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду Немцовдун өлүмү боюнча суракка чакыртуудан баш тарткан чечим чыгарган. Бул кылмыш ишиндеги башкы айыпкер Заур Дадаевдин Рамзан Кадыров менен жеке тааныштыгы болгон деген жүйө менен маркум саясатчынын кызы Жанна Немцова аны суракка чакыртууну талап кылган болчу. Мына ошондон кийин Рамзан Кадыров маалымат каражаттары аркылуу учурда Германияда жашап жаткан Жанна Немцованы Грозныйга келип, аны менен “чайлашып” кетүүгө чакырган. Бир нече убакыт өткөн соң оппозициялык саясатчы Илья Яшин Рамзан Кадыровду Борис Немцовдун өлүмү боюнча “эркекче” сүйлөшүүгө чакырык таштаган. Маркум Немцовдун саясий санаалашы бул үчүн Грозныйга барууга даяр экенин жарыялаган. Бирок буга карата Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдон азырынча жооп боло элек.

Ошол эле кезде Орусиянын тергөө комитети бул ишке башкы буюртмачы катары катардагы кызматкер Руслан Мухидиновду таап, ага карата эл аралык издөө жарыялады.Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин ага жана аныктала элек башка дагы бир топ фигуранттарга карата кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп коюлганын билдирди.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Борис Немцов үстүбүздөгү жылы 28-февралга караган түнү Москванын чок ортосунда атылган болчу. Бир канча убакыт өтпөй саясатчынын өлүмүнө шектүүлөр катары чечен улутундагы беш адам кармалган. Алардын арасында бул кылмыш ишин аткаруучу катары башкы айыпкер катары Чеченстандын “Түндүк” батальонунун мурдагы кызматкери Заур Дадаев да бар. Маркум саясатчы Борис Немцов Орусиянын президенти Владимир Путиндин келишкис сынчысы жана радикалдык реформаларды баштоонун демилгечиси болчу.

Токтогул ГЭСи жарым-жартылай иштеп жатат

Токтогул ГЭСи.

Кечээ таңкы саат 7лерге чукул Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганынан улам, эки генератор өчүрүлдү.

Кечээ таңкы саат 7ге чукул Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлдү. Кырдаалдан улам министрлик өлкө боюнча электр энергиясына чектөө киргизип, 235 мегаватт-сааттан ашырбоо чечимин кабыл алды. ГЭСтеги олуттуу жагдайга байланыштуу чет элден адистер чакырылды. Оңдоо иштери эки-үч жумага созулары айтылууда.

Токтогул ГЭСиндеги генераторлордо 28-декабрь күнү болгон авариялык өчүрүү коомчулукка бир күн өткөн соң маалым болду. Жагдайга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында электр энергиясына чектөөлөр киргизилди. Экономика министринин орун басары Айбек Калиев маалымат жыйын куруп, кырдаалды төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Үчүнчү кабелде май акканы байкалып, авариялык кырдаал болду. Буга байланыштуу өлкө аймагы боюнча 235 мегават өлчөмүндө чектөө киргизгенбиз. Адистер түнү менен иштеп, бүгүн (29-декабрь) күндүз саат 12ден баштап чектөөлөр толугу менен алына баштады.

Калиев Токтогул ГЭСиндеги кабелдер 40 жыл мурун орнотулуп, азыркыга чейин колдонулуп келатканын, учурда мындай үлгүдөгү кабелдер сатыкка чыкпай калганын кошумчалады.

Ал арада майрам күндөрү жарык өчүп, элди бушайманга салат деген ойлор айтыла баштады. Калиев муну четке какканы менен, оңдоо иштери эки-үч жумага созуларын билдирди.

- Майрам күндөрү эч кандай чектөөлөр болбойт. Орусиянын Пермь аймагынан адистерди чакырдык. Алар оңдоо иштерин жүргүзөт. Андан сырткары, Кытайга да кишилерибиз кетти, ал жактан керектүү жабдууларды алып келишет.

Бирок жаңы жыл майрамынан соң оңдоо иштери толук аяктаганга чейин жарык улам-улам өчүрүлөрүн “Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин орун басары Узак Кыдырбаев айтты:

- 2-январга чейин эч кандай чектөөлөрдү киргизбейбиз. Келаткан майрамдарга байланыштуу ушундай чечим кабыл алдык. Үзгүлтүксүз энергияны берүү үчүн Токтогул ГЭСинен сууну агызууну көбөйтүп, төмөн жактагы ГЭСтердин кубаттуулугун күчөтүшүбүз керек.

Кыдырбаев билдиргендей, Токтогул ГЭСи электр энергиясын эки эсе аз өндүрүп жатканына байланыштуу Күрп-Сай, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр, Үч-Коргон ГЭСтеринде электр энергиясы көбүрөөк иштелип чыга баштады. Адистер мындай тажрыйба Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөнүн айтышууда.

Өлкөнүн энергетиктери буга чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү болгондуктан тыштан электр жарыгы сатып алынбасын билдиришкен эле. Бирок кырдаалга байланыштуу коңшу өлкөлөрдөн 6 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу да пландалууда.

29-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд. 343 млн. куб метрге жетти.

Токтогул ГЭСи: учурдагы абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:15 0:00

Каракол: кыш азабын тарткан тургундар

Каракол шаары

Кыш келген сайын Каракол шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочуларынын башын оорутчу жылуулук маселеси жылып чыгат.

Союз учурунда салынган үйлөрдүн жылытуу системасы такыр каралбай калгандыктан түтүктөрү чирип, жылуулук өткөрө албай калган. Ушундан улам жашоочулардын көбү жөн эле акча төлөгүсү келбей үйүндөгү жылытуучу батареяларын кестирип салган.

Шаар тургуну БактыгүлКусеинова да үйүндөгү жылытуучу батареяларын кестирип, аргасыздан ар бир бөлмөгө жылыткыч сайып отурганын айтты:

- Жылуулук такыр эле келбей калганынан батареяларды кестиргенге туура келди. Жылуулук мекемесине барып түшүндүрсөм, акт түзүп комиссиясын жибертип анан кыркышты. Мурунку карызымды төлөп бердим. Эми анысы аз келгенсип жылуу суу да чыкпай калды, бирок ага да төлөм чыгып жатат. Карызың 8 миң сом аны төлөсөң гана кесебиз деп атышат. Мен аны төлөбөйм, эгер мажбурласа соттошом. Ансыз деле үйдү электр менен жылытып акчабыз ошого кетип атат. Негизи жылытуучу куурларды жылына бир карап туруш керек да, бизде эзели андай болгон эмес. Кескенде көрдүк кебек басып ийненин көзүндөй эле жылчык калыптыр, анан ал кантип жылытмак эле.

Ал эми жылуулук ишканасы болсо бул дооматтар айтылып эле келатканын, жашоочулар качан кыш келгенде жылуулук камын көргөнү чуркап калышарын айтууда. Жылуулук ишканасы өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде гана иш алып барарын ишкананын башкы инженери Мукамбет Жекшембиев билдирди:

- Негизи көйгөйлүү маселе. Кыш келди - эл ошондо жылуулукту эстейт. Үйдөгү жылуулук түтүктөрүн маал-маалы менен тазалап туруу керек да. Биздин милдет - алардын үйүнүн алдындагы чуңкурга чейин бара турган түтүктөргө көз салуу. Андан ары жагы жеке менчик болгондуктан өздөрү оңдошу керек. Эгер ошол үйдөгүлөрдүн жалпы демилгеси болуп, материалын чыгарып берсе биз оңдогонго даярбыз.

Бирок шаар тургундары мындай сунуш жылуулук ишканасынан чыга электигин, маселе кыйладан бери чечилбей, айла кеткенде батареяларын кестирип, электрге өтүшкөнүн шаар тургуну Назира Орозалиева айтты:

- Жылуулук мекемесине канча барабыз. Болот, жылыйт деп атып эле жылуулукту кестирдик. Эки жылдан бери жадагалса ысык суу жок. Бардык үйлөргө кирип көрсөңөр пальточон отурушат, суук. Ооруп атабыз эле. Тыгылып бир бөлмөдө жашайбыз, калган үч бөлмө суук. Алты айлык балам бар, ал дагы бат-баттан тумоолоп жатат.

Жылуулук маселеси кечээ же бүгүн эле жарала калбаганын айткан Каракол шаарынын вице-мэри Көлбай Карасартов шаардын бюджети азыркы маселени чече албасын айтты:

- Жергиликтүү бюджет менен менчик үйлөрдү оңдогонго мыйзам жол бербейт. Бирок жалпы элдин социалдык маселелерин карап, аны чечүү жолун табуу биздин милдет. Бул маселе кечээ же бүгүнкү көйгөй эмес. Бир беткей карай берген болбойт, жарандар өздөрүнүн жалпы укуктарын түшүнүшсө, маселе акырындык менен чечилет.

Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн көбүндө жылуулук батареялары кесилип, ажыратылган. Эми ысык суу да келбей, шаардыктар калган түтүктөрүн да кестиргенге аргасыз болушууда. Мындай учурда Каракол шаардык жылуулук ишканасы кандай чара көрүп, мындан ары эмне кылары белгисиз. Же адатынча жарандар менен милдеттерин такташтыра албай убакытты созуп жүрө береби?

Токтогул ГЭСи: учурдагы абал

Токтогул ГЭСи: учурдагы абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:15 0:00

2015: "Азаттыктын" жетишкендиктери

"Азаттык" коомдогу орчундуу окуяларды 4-октябрдан тарта жеринен видео аркылуу түз чагылдыра баштады.

Узап бара жаткан 2015-жылы "Азаттык" бир катар сынактарды уюштуруп, кабарчыларыбыз эл аралык сыйлыктарды жеңип алды.

Диний кырдаал "Азаттыктын" көз кырында

Санжар Эралиевдин "Фергана - агымдар арбаган аймак" тасмасы эл аралык Search for Common Ground уюмунун тандоосу боюнча диний экстремизм темасында 2015-жылы тартылган телебаяндар арасында мыкты деп табылып, биринчи орунду алды жана акчалай сыйлык берилди (19.01.2015-ж).

Фильмдин оператору - Жанарбек Жолдошбаев. Автору: Санжар Эралиев.

АКШнын Search for Common Ground уюму конфликттерди жайгаруу жаатында бир канча мамлекеттерде иш жүргүзөт.

"Фергана - агымдар арбаган аймак"

"Азаттык" жана эл турмушу

“Азаттыктын” видео сүйүүчүлөр арасында жарыяланган "Менин баяным" аттуу сынагынын жеңүүчүлөрү 9-февралда аныкталды.
Кыргыз жана орус тилинде жарыяланган сынактын шарттарына толук жооп берип, “Азаттыктын” көрөрмандары арасында жогору бааланган Бексултан Абубакир уулунун "Тиричилик" тасмасы 1-орунду ээлеп, 500 АКШ доллары менен сыйланды. Тасмада бийик тоолуу өрөөндөгү малчылардын жашоо-турмушу чагылдырылган.

"Тиричилик" тасмасы үчүн 1-орунду ээлеген Бексултан Абубакирге "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Султан Каназаров сыйлык тапшырууда. 09.02.2015-ж.
"Тиричилик" тасмасы үчүн 1-орунду ээлеген Бексултан Абубакирге "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Султан Каназаров сыйлык тапшырууда. 09.02.2015-ж.

Темир Азем уулу "Максатбек" тасмасы үчүн 2-орунга татыктуу болуп, 300 доллар менен сыйланды. Тасма майып экенине карабай үй бүлөсүн эч нерседен кор кылбай баккан Максатбектин турмушун баяндайт.

Автандил Абдыкадыр уулу «Жол» деген видео тасмасы үчүн 3-орунга чыгып, 200 доллар менен сыйланды. Тасма бир адамдын өмүр жолун таасын чагылдырган.

"Азаттык" жана адабият

"Азаттыктын" кабарчысы Зайырбек Ажыматов Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын ээси болду. ТҮРКСОЙ уюму менен Коомдук Биринчи канал биргелешип уюштурган "Беш акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасынын жеңүүчүсү аталды. Ошондой эле эл аралык маданий ТҮРКСОЙ уюмунун басма сөз айдыңында ийгилик жараткандарга арналган сыйлыктын ээси болду. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жарандарына берилчү ТҮРКСОЙдун басма сөз багытындагы сыйлыгы 24-февралда Анкара шаарында тапшырылды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов "Азаттыктын" кабарчысы Зайырбек Ажыматовго Жолон Мамытов атындагы республикалык сыйлыкты тапшырууда. 09.12.2015-ж.
Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов "Азаттыктын" кабарчысы Зайырбек Ажыматовго Жолон Мамытов атындагы республикалык сыйлыкты тапшырууда. 09.12.2015-ж.

​​

"Азаттык" жана тарых

"Азаттык" радиосу Экинчи Дүйнөлүк согуш ардагерлерин, майданга барбаса да, алаамат жылдарды баштан кечирген мекендештерди баарлашууга чакырды. Кыргызстандыктар биздин угармандар менен ал кандуу жылдарды эскерип, кызыктуу аңгемелери менен бөлүштү.

Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Алдыңкы катарда Муса Баетов, Ашыралы Боталиев, Жамалутдин Муслимов. 1943-ж. ​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды)
Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Алдыңкы катарда Муса Баетов, Ашыралы Боталиев, Жамалутдин Муслимов. 1943-ж. ​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды)

Кан майданга барып келген же ошол алаамат жылдарды баштан кечирген, оорукта иштеген мекендештер тууралуу 1940-50-жылдары тартылган эски сүрөттөр кабыл алынды.

Кыргызстандыктар "Биздин тарых" аттуу сүрөт баяныбызга жеке архивдердеги, үй бүлөлүк эски альбомдордогу сүрөттөрдөн алып келишип, андагы адамдар, же көрүнүш тууралуу баяндап, редакциябызга кат жөнөтүшүп "Биздин тарыхты" 70 жыл мурунку сүрөттөр аркылуу тирилтүүгө салымдарын кошту. Ага кошумча ​Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүндө сакталган сүрөттөр дагы "Азаттыктын" сайтына жарыяланды.

Тарыхый сүрөттөрү менен бөлүшкөндөр "Азаттыктын" чакан белектерине ээ болушту.

Ырыс алды - ынтымак

БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) демилгеси менен "Азаттык" радиосу жарыялаган видео сынак 25-майда жыйынтыкталды. Эки айга созулган "Ырыс алды - ынтымак" деген тема алдындагы сынакка ар башка этностук топтордун мамиле-катышын чагылдырган ондогон видео баяндар келип түшүп, мыкты делген 15тен ашуун тасма "Азаттыктын" сайтына жарыяланды. ​​​

Сынакта экинчи орунду алган "Кайрат" тасмасы
Кайрат
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Сынакта биринчи орун “Ырыс алды - ынтымак” тасмасына ыйгарылып, автору Темиралы Маймашовго ноутбук берилди.

10 жаштагы Кайрат тууралуу тасма экинчи жана кыргызга келин болгон жапон кызы жөнүндө тасма үчүнчү орунду ээлеп, авторлор Canon фотоаппаратын алышты.

"Азаттыктын" жаштарды колдоосу

Азаттыктын" "Мен кесипти кантип тандадым?" сынагынын жеңүүчүлөрүнө 14-августта сыйлыктар тапшырылды. Сынак ушул жылдын май айынын аягында жарыяланып, ага баш-аягы отуздан ашуун дилбаян келип түшкөн.

"Азаттыктын" "Мен кесипти кантип тандадым?" сынагынын баш байгесинин ээси Жаркынай Талантбек кызы. 14.08.2015-ж.
"Азаттыктын" "Мен кесипти кантип тандадым?" сынагынын баш байгесинин ээси Жаркынай Талантбек кызы. 14.08.2015-ж.

25 миң сомдук эки башкы сыйлыкты эки авторго жана кызыктыруучу 5 миң сомдук сыйлыкты үч авторго ыйгарганбыз.

Жаркынай Талантбек кызы, Ысык-Ата району, Нурманбет айылы. Макиш Койбагаров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Бөбөктөргө мээрим төксөм дейм, апа..."

Бегимай Матенова, Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Топсуз келечегимди элестете албай калдым".

Мындан тышкары болочок кесибине берилгенин, көптөн бери ага даярданып, окуп такшалып жүргөнүн баяндаган үч автор 5 миң сомдук кызыктыруучу белек менен сыйланды:

Фарух Махмудов, Герман Гмайнер атындагы УВК SOS мектебинин бүтүрүүчүсү: "Решено, буду хореографом".

Агроном болгусу келген Нурбакыт Шеримбеков, Каракол шаарынын №11 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү: "Мекeнимдин айыл чарбасын көтөрөм".

Бермет Сапарбек кызы, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү: "Кыргыз тилин сүйүп окуйм".

"Мен кесипти кантип тандадым?" сынагынынын байге ээлери. 14.08.2015-ж.
"Мен кесипти кантип тандадым?" сынагынынын байге ээлери. 14.08.2015-ж.

"Азаттык TВ" түз эфирде

4-октябрдан баштап “Азаттыктын” кабарчылары коомдогу орчундуу окуяларды жеринен видео аркылуу түз эфирде чагылдыра (LIVE VIEW) баштады. Кабарчыларыбыз парламенттик шайлоонун жүрүшүн, соттук процесстерди, Жогорку Кеңештин жыйындарын жана башка бир нече орчундуу окуяларды түз эфирде баяндап турушту.

"Азаттык" коомдогу орчундуу окуяларды 4-октябрдан тарта жеринен видео аркылуу чагылдыра баштады.
"Азаттык" коомдогу орчундуу окуяларды 4-октябрдан тарта жеринен видео аркылуу чагылдыра баштады.

ЕККУ: “Азаттык” шайлоону калыс чагылдырды

5-октябрда Бишкекте ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары шайлоо өнөктүгүнүн маалымат каражаттарында чагылдырылышына өз баасын беришти.

Байкоочулардын отчетунда маалымат каражаттары шайлоо өнөктүгүн чагылдырууну негизинен акча табуунун булагы катары кабыл алышканы белгиленген. Коомдук Биринчи каналда шайлоого катышкандар үчүн берилген эфирдин 80% жакынына акча төлөнгөн. Ушундай эле көрүнүш башка каналдарда да кезигет.

Ошондой эле партиялар, алардын программалары, иш-максаттары талдоого алынганын, бирок ошол эле мезгилде иликтөө материалдары өтө аз болгону белгиленген. Мындан сырткары эл аралык байкоочулардын отчетунда өкмөттүн, президенттин ишин мактаган айрым медиа каражаттарына салыштырмалуу “Азаттык” радиосу бейтарап маалымат таратып, бир да саясий партияга артыкчылык бербегени белгиленген. Парламенттик шайлоого 600дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салды.

ЕККУнун байкоочулары. 5-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
ЕККУнун байкоочулары. 5-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

"Азаттыктын" сынагынын жеңүүчүлөрү

9-октябрда “Азаттык” үналгысынын Улуттук демократиялык институттун «Жаш добуш» долбоору менен биргеликте өткөргөн “Мен добуш берем” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында уюштурулган сынак кыргыз жана орус тилдеринде эки платформада өттү. Асейин Маданбеков Фейсбукка жазган пост үчүн, ал эми Элвира Акимова "Добушуңду тыйынга сатпа" видеосу үчүн жеңүүчү деп табылып, баш байге - iPhone 6 үлгүсүндөгү телефондорду алышты.

"Мен добуш берем" сынагынын жеңүүчүлөрү Асейин Маданбеков менен Элвира Акимова. 9-октябрь, 2015-ж.
"Мен добуш берем" сынагынын жеңүүчүлөрү Асейин Маданбеков менен Элвира Акимова. 9-октябрь, 2015-ж.

"Сөз дайра" мыкты долбоор

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата позитивдүү жарандык позициясы менен айырмаланган бир катар медиа-долбоорлордун авторлорун өлкөнүн журналистикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн акчалай сыйлык менен сыйлады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин акчалай сыйлыгына ээ болгон журналисттер. 6-ноябрь, 2015-ж.
Президент Алмазбек Атамбаевдин акчалай сыйлыгына ээ болгон журналисттер. 6-ноябрь, 2015-ж.

Алардын катарында “Азаттык” радиосунун кабарчысы Шайлообек Дүйшеевдин “Сөз дайра” берүүсү да бар. Ошондой эле Азамат Тынаевдин “Журналистика мектеби” долбоору, АКИпресс агенттигин «Турмуш» рубрикасы жана башкалар кирген.

Мамлекет башчынын тапшырмасы менен медиа-долбоорлордун авторлоруна 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов тапшырды.

"Азаттыктын" сүрөттөрү Эрмитажда

17-21- ноябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарындагы Мамлекеттик Эрмитажда "Диалог культур" деп аталган эл аралык медиа-форум өттү. Форумга 40тан ашык өлкөдөн келген 150 чакты жаш журналисттер катышкан. Форумдун жүрүшүндө Эрмитаждын жаштар борборунда "Мен ушундай жашайм" деген аталыштагы фотокөргөзмө уюштурулуп, ага “Азаттыктын” фотокабарчысы Улан Асаналиев тарткан сүрөттөр да коюлду. Фотокөргөзмөгө жалпы 40 фотокабарчынын 200гө жакын эмгектери кирген.

"Азаттыктын" фотокабарчысы Улан Асаналиев Мамлекеттик Эрмитаждагы америкалык фотожурналист Стив Маккаринин сүрөт көргөзмөсүндө. 19-ноябрь,2015-ж. Санкт-Петербург.
"Азаттыктын" фотокабарчысы Улан Асаналиев Мамлекеттик Эрмитаждагы америкалык фотожурналист Стив Маккаринин сүрөт көргөзмөсүндө. 19-ноябрь,2015-ж. Санкт-Петербург.

"Азаттыктын" топ жарган авторлору

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Кубанычбек Жолдошев Британиянын Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өткөргөн адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынакта “Кадрдык “империянын” караңгы жолдору”, макаласы менен биринчиликти алды.

"Азаттыктын" кабарчысы Кубанычбек Жолдошев.
"Азаттыктын" кабарчысы Кубанычбек Жолдошев.


Сынак Акыйкатчы институту менен биргеликте адам укуктары жана эркиндиктерин сыйлоого жана сактоого көмөктөшүү, бул багытта алдыңкы тажрыйбаны жалпыга жайылтуу максатында өткөрүлдү. Ушул эле сынактын “Балдар жана аялдардын укуктарын чагылдыруу” номинациясы боюнча “Азаттыктын” кабарчысы Канымгүл Элкеева “Нурипа: күйөөм чачымдан сүйрөп урат” деп аталган макаласы үчүн сыйланды.

"Азаттыктын" кабарчысы Канымгүл Элкеева жана журналист Элеонора Сагындык кызы. 16-декабрь, 2015-ж.
"Азаттыктын" кабарчысы Канымгүл Элкеева жана журналист Элеонора Сагындык кызы. 16-декабрь, 2015-ж.

Канымгүл Элкееванын дагы бир нече радио материалдары “Аялдарга жасалган зомбулукка жөн карап турбайбыз” аттуу сынакта радио багытындагы эң мыкты берүүлөр деп табылды. Сынакты “Интерньюс”, БУУнун Аялдар программасы жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги жарыялаган. Ага ондогон журналисттердин баяндары келип түшкөн. Жеңүүчүлөр 16-декабрда Бишкекте аныкталып, байгелер тапшырылды.

Улан Эгизбаев
Улан Эгизбаев

“Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсы уюштурган жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча сынакта “Телеканалга жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча жеңүүчү болду.

Сынак “БизЭксперт” аналитикалык борборунун, “Экономиканын туруктуу өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү” программасынын колдоосу менен уюштурулган.

Ал эми “Басылма жана интернет-сайтка жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюча “Слова Кыргызстана” гезитинин журналисти Галина Лунева жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 29-декабрда “Хаятт” мейманканасында өтүп, аларга заманбап ультрабук берилди.

Аталган сынак ай сайын 2016-жылдын март айына чейин өткөрүлөт.

"Азаттык" жана адам укугу

10-декабрда Бишкекте башталган Адам укуктарына арналган "Бир дүйнө - Кыргызстан" эл аралык кинофестивалы "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев тарткан "Кыял" тасмасы менен ачылды.
Тасмада Кочкор районунун Ак-Учук айылынын тургуну, тубаса майып, 10-класстын окуучусу Нургазы Жакшылык уулунун кыялы баяндалат.

"Кыял" тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылык уулу "Бир дүйнө-Кыргызстан" 9-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземинде. 10-декабрь, 2015-ж. Бишкек.
"Кыял" тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылык уулу "Бир дүйнө-Кыргызстан" 9-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземинде. 10-декабрь, 2015-ж. Бишкек.

Өз алдынча баса албагандыктан аны сегиз жылдан бери иниси коляска менен мектепке сүйрөп барып, сүйрөп келчү. Тасмага тартылып жатып Нургазы инисин Дастанды убара кылбай, квадроцикл менен мектепке барууну кыялданарын айтып берген.

Нургазынын кыялын бирге орундаталы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00

Тасма “Азаттыктын” сайтына жарыялангандан кийин “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду аркылуу атын атагысы келбеген 23 жаштагы кыз Нургазынын кыялын орундатып, квадроцикл сатып берди.

Нургазы квадроциклге ээ болуп кубанычы койнуна батпай турган кез. 5-октябрь, 2015-ж.
Нургазы квадроциклге ээ болуп кубанычы койнуна батпай турган кез. 5-октябрь, 2015-ж.

Нургазынын кыялы орундалганын чагылдырган экинчи тасма “Азаттыктын” сайтында, социалдык баракчаларында көрүүчүлөрдүн кызуу талкуусун жаратты. Тасма орус тилине которулуп, "Настоящее Время" кызматынын фейсбуктагы баракчасы аркылуу 236 341 жолу көрүлүп 4172 жолу бөлүшүлсө, "Ал-Жазира" телеканалы англис тилине которгон. Эл аралык телеканалдын фейсбуктагы баракчасы аркылуу тасма 790024 жолу көрүлүп, 5396 жолу бөлүшүлгөн.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" даректүү тасмалар фестивалында "Азаттыктын" журналисттери Санжар Эралиев менен Жанарбек Жолдошбаев тарткан “Өгөйлөнгөн келиндер” тасмасы да аялдардын укуктарын мыкты чагылдырганы үчүн атайын сыйлыкка татыды.

"Өгөйлөнгөн келиндер"

​Сыйлыкты Британиянын Согуш жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) регионалдык жетекчиси Абахон Султанзаров тапшырып, “Тасма элдин көзүнө көрүнбөгөн, мамлекеттик камкордуктан оолак калган кыйын абалдагы аялдардын жашоосун чагылдырат” деп белгиледи.

"Азаттыктын" журналисти Санжар Эралиевге сыйлыкты Британиянын Согуш жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) регионалдык жетекчиси Абахон Султанзаров тапшырды. 14-декабрь, 2015-ж. Бишкек.
"Азаттыктын" журналисти Санжар Эралиевге сыйлыкты Британиянын Согуш жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) регионалдык жетекчиси Абахон Султанзаров тапшырды. 14-декабрь, 2015-ж. Бишкек.

Фильмде Кыргызстандан Өзбекстанга, Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп, бирок ондогон жылдардан бери жарандык ала албай, паспорту жок жүргөн аялдардын көйгөйлөрү чагылдырылган.

"Азаттык" жана жеткинчектер

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" (Я хочу, чтобы Кыргызстан процветал) аттуу дилбаяндар сынагын жарыялады.

Зыягүл бир туугандары, атасы жана чоң энеси менен
Зыягүл бир туугандары, атасы жана чоң энеси менен

Жалпыга маалымдоо каражаттарына өз-өзүнчө аймактар бөлүштүрүлгөн. "Азаттык" радиосу бир ай бою Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын дилбаяндарын кабыл алды. Бул облустан "Азаттыкка" кыргыз жана орус тилдеринде жазылган жүздөн ашуун дилбаян келип түштү. Алардын көбү атайын баракчабызга жарыяланды. Окуучулардын дилбаяндарынын ичинен Миң-Өрүк айылында жашаган 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова жеңүүчү деп табылды.

Секелек үшүн алган адам жазадан жеңил кутулабы?

Педофилияга каршы акция. Бишкек

Бир ай мурда Кочкор районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 37 жаштагы тургунду актоо аракеттери көрүлүп жатат.

Муну адвокаттар кыздын денеси жабыркабагандыгын тастыктаган экспертизалык бүтүм аркылуу далилдешүүдө. Ата-эне болсо кызынын психологиялык жактан жабыркагандыгына айыптуу адам мыйзам алдында жооп бериши керек деген талапты коюуда.

Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 25-ноябрда Кочкор районунун айылдарынын биринде болгон. 37 жаштагы киши кошунасынын 12 жаштагы кызын жашынмак ойнойбуз деп алдап, тоокканага алып кирип зордуктоого аракет жасаган.

Кийин кыздын ата-энеси берген арызга ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Аягында иш сотко өткөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Азамат Мукаев билдирди:

- Бул жаран кошунасынын кызын жашынмак ойнойбуз деп алдап, үйүнүн тоокканасына алып барып жыныстык катнашка барууга аракет жасаган. Бирок соттолуучуга зордуктоо деген айып коюлган эмес, ага сексуалдык зомбулукка аракет жасады деген мүнөздөгү берене менен иш козголгон, буга ылайык айыпталуучу 20 жыл же өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Кыздын атасы Мырзабек шектелүүчүнүн акыркы аракеттеринен улам күнөөлүү жазасыз калабы деп тынчсызданууда. Ал кызы психологиялык жактан катуу жабыркаганын айтууда:

- Башында туура эмес кылган экем, ойноп эле койгом деп аткан. Сүйлөгөн видео тасмалары бүт менин колумда. Анан өзүнө туугандык жайы бар адвокаттарды жалдаптыр. Алар келип "булардын ич ара аласа-береселери бар. Ошого өчөшүп ушундай ишти атайын жасап жатат" деп айылга сөз таратыптыр. Мен дин жолундагы кишимин. Тергөөчүлөр кызымды үч жолу чакыртышып, суракка алышты. Кызым ал окуяны эстеген сайын коркуп атат, анан адвокаттар ушул кичине кыздын айткандарына эле ишене бересиңерби, ызы-чуу кылып жатышат. Мен бул боюнча прокуратуранын жетекчисине чейин кирдим.

Секелек кызды зордуктоого шектелген тургундун жактоочусу Назира Нургазиева соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кыздын денесине залал келбегенин айтып, кылмышка шектелген адамды бир жактуу каралоо болуп жатат деген пикирде:

- Биз Кочкор райондук ишки иштер бөлүмүнө барганыбызда, бир гана айыпталуучунун эмес, жактоочулардын да мыйзамда жазылган укуктары каралган эмес, биздин адвокаттык ишмердүүлүгүбүзгө да бөгөт коюп, тергөө амалдары бир катар мыйзам бузуу менен жүргүзүлдү.

Окуянын башкы каарманы - 12 жаштагы кыздын ата-энеси жагдай боюнча психологдордон кеңеш алып, жеткинчекти башка айылдагы туугандарынын колуна жиберди.

Адистер акыркы жылдары балдарга карата зомбулуктун көбү жазасыз каларын айтып, коңгуроо кагууда. Мындан улам жакында эле парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы педофилияга барган адамдарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Аталган фракция мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев балдардын өмүрүн алган же зомбулук көрсөткөн адамдар эч убакта мунапыска илинбегидей болушу зарылдыгын "Азаттыкка" айткан эле.

- Эң негизгиси, ошол жашы жете элек балдарга карата ким кылмыш кылса, ал мунапыска илинбеши керек. Мисалы, жети жылга кесилдиби, демек жети жыл отурсун. Азыр болсо чоң кылмыш кылгандар мунапыс менен эки-үч жылда эле чыгып кетүүдө. Ал эми жеңилдери сот бүткүчө эле чыгып кетип, дээрлик отурбайт. Кылмыш кодексине азыр жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр дагы сунушталууда. Оор кылмыш кылгандарга жаза аткаруу мөөнөтү узартылат.

Укук коргоо органдары соңку жылдары балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү жасалган кылмыштар өзгөчө өскөнүн белгилешет. 2011-жылы мындай 83 факт катталса, 2014-жылы ал 140ка жеткен. Быйылкы жылдын биринчи жарымында эле 54 сексуалдык кылмыш катталган. Нарын облусунда жыл башынан бери төрт өспүрүм сексуалдык зомбулукка кабылган.

Омоев: Жакшы атырдан баш оорубайт

Улукбек Омоев "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында

Улукбек Омоев Ысык-Көл районунун Тамчы айылында өскөн. Учурда ал Париждеги университеттердин биринде математиканы окуп, бош убагында атыр саткан дүкөндө иштейт. Ал окуусу, Франциядагы жашоосу жана атыр колдонуунун сырлары тууралуу “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде маек курду.

“Азаттык”: Алгач Парижге кантип барып калганыңды айтып берсең.

Омоев: Мен мектепте окуп жүргөндө 12 жашыман тарта француз тилин үйрөнүп, Парижге барсам деп эңсеп келгем. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус (Славян) университетине тапшырып, 1-курсту аяктагандан кийин тилди унутуп кое электе деп Парижге жөнөп кеткем.

Француз тилин биздин мектепте Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Кымбат Сатыбалдиева эже окуткан. Мына ошол адам мага Францияга жол ачты десем жаңылышпайм.

“Азаттык”: Окууң тууралуу айтып берсең. Математика багытында билим алып жатыптырсың. Келечекте ким болуп чыгасың?

Омоев: Мен Пьер жана Мария Кюри университетинде билим алуудамын. Бул Франциянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. 1-3-курс лицензиат, андан кийин 4-5-курс биздики боюнча магистратура болуп эсептелет. Азыр акыркы курстамын. Келечекте докторантурага, биздики боюнча аспирантурага өтсөм деп жатам.

“Азаттык”: Кесибиң ким болот?

Омоев: Математик-программист. Изилдөөлөрдү жүргүзөм.

“Азаттык”: Окуу кыйын болгон жокпу?

Омоев: Башында оор болгон. Азыр системасына көнүп калдым, кыйынчылык деле жаратпайт. Мени менен чогуу окугандардын көбү жергиликтүү улан-кыздар. Чет өлкөлүктөр аз.

“Азаттык”: Жаңы жерге көнүшүү кыйын болгон жокпу?

Омоев: Жок, андайды деле байкаган жокмун. Негизи, бизде, Кыргызстанда ар улуттун өкүлдөрү көп жашагандыктан бөтөн жерде интеграциялануу кыйынчылык жаратпайт окшойт. Кыргыздар бардык нерсеге бат көнүп кетебиз.

“Азаттык”: Кыргызстанга көп каттап турасыңбы?

Омоев: Жыл сайын жайында үйгө келип кеткенге аракет кылам. Быйылкы жыл өзгөчө болду, себеби 2 ай мурда келгениме карабастан апамдын туулган күнү менен куттуктайын деп күзүндө да мекениме келдим.

“Азаттык”: Франциядагы жашооң тууралуу айтып берсең. Сырт жакта жашаган көп эле мекендештер өзүнчө уюм түзүп, бири-бири менен катташып турат эмеспи.

Омоев: Францияда Мирлан аттуу байке бар. Ал Франция менен Кыргызстан ортосунда достук жана кызматташтык боюнча ассоциация түзгөн. Ошолор менен байланышып турам. Мындан тышкары башка да кыргыз досторум бар. Андыктан үйдү эстеп сагынуу көп деле болбойт.

“Азаттык”: Борбор Азия аймагынан, коңшу республикалардан досторуң барбы?

Омоев: Өзбекстандан, Казакстандан барган балдар менен кездешип турабыз.

“Азаттык”: Алар менен чогуу отурганда эмне тууралуу сүйлөшөсүңөр көбүнчө?

Омоев: Борбор Азия аймагындагы жалпы маселелер, ар бир өлкөнүн ичиндеги орчундуу окуялар, процесстер жөнүндө...

“Азаттык”: Сырттан байкоо жүргүзгөндө Кыргызстандын өнүгүүсүнө тоскоолдук болуучу негизги көйгөйлөр кайсылар деп атайт элең?

Омоев: Биринчи кезекте, албетте, коррупция. Ошону менен катар, сырттан байкаганда Бишкектин архитектуралык ансамблинин бузулушун, же тагыраак айтканда жоктугун, борбордук көчөлөрдүн келбети “талкаланганын” белгилей кетсе болот. Ушул үчүн чет жактан келген коноктордун алдында уялам.

“Азаттык”: Бишкек кандай болушу керек? Соңку жылдары курулуш көбөйүп, жаңы тамдар салынып жатканын биз өнүгүүнүн белгиси катары кабыл алып жатпайлыбы.

Омоев: Жок, мен муну өнүгүүнүн белгиси деп атоодон алысмын. Тамдар беш кабаттан жогору салынбаса шаардын келбети жакшы болмок. Француздар айткандай, шаардын шармы бузулууда.

“Азаттык”: Сени менен Париждин борбордук бөлүгүндө эл көп каттаган дүкөндөрдүн биринен кокусунан таанышып калдым эле. Ал жакка кандайча орношконсуң?

Омоев: Жумуш издеп жүрүп баргам. Ал жерде котормочу, кеңеш берүүчү болуп иштейм.

“Азаттык”: Кабыл алып жатканда кандай талаптар коюлду эле?

Омоев: Биринчи талап – орус тилин билүү. Ал жакка орношкондон кийин португал тилин да үйрөнүп алдым.

“Азаттык”: Ишиң өзүңө жагабы? Окуу менен чогуу айкалыштырып алып жүрүү оор эмеспи?

Омоев: Жумушум өзүмө жагат. Бирок көп деле иштебейм, андыктан оор деп айта албайм.

“Азаттык”: Атыр колдонуунун да өз эрежелери, сырлары бар деп коюшат эмеспи...

Омоев: Ооба, бул жөн гана сөз эмес. Парфюмду туура колдонуу эрежелери бар. Биз өз кардарларыбызга ошону айтып, түшүндүрөбүз.

“Азаттык”: Мисалы, атырды кулактын артына же билекке сүйкөп койгон туура дешет...

Омоев: Бул бекеринен айтылбайт. Себеби адамдын денесиндеги ошол жерлеринен кан тамырлар өтөт жана атырдын жыты жакшы чыгып турат көпкө кетпей. Аны себинген адам ары-бери өткөндө артынан жакшы жыт болуп кармалып турат.

“Азаттык”: Айрымдар бир нече атырды аралаштырып себингенди жакшы көрөт. Бул туурабы?

Омоев: Жок, туура эмес. Ар бир атыр боюнча база деген түшүнүк бар. Бир базадагы атырларды айкалыштырып колдонсо болот, бирок эки башканы аралаштырган таптакыр туура эмес.

“Азаттык”: Парфюмду алганга жараша Европадан, колдон келсе Париждин өзүнөн алган жакшы деп коюшат эмеспи. Бир эле аталыштагы атыр Европада жана башка аймакта сатылып алынса айырмаланып турабы?

Париждеги дүкөндөрдүн бири
Париждеги дүкөндөрдүн бири

Омоев: Ооба, мен иштеген дүкөн, мисалы, атырды чыгарган жерден, Франциянын өзүнөн гана алып келип сатат. Кээде Бишкекке келгенде атыр саткан дүкөндөрдөн Парижден да арзан баадагыларын көрүп бул жасалма эмеспи деп ойлонуп калам.

“Азаттык”: А жасалма менен нактаны кантип туура айырмаласа болот?

Омоев: Аны себинип көргөндө эле билүү мүмкүн. Мисалы, Европадан сатып алып, пайдаланып жүрүп, кийин ошол эле атырды Бишкектен алып себингенде дароо айырмасын байкайсыз.

“Азаттык”: Демек ага тажрыйба, убакыт талап кылынат турбайбы. Айтсаң, а өзүң керели кечке атырдын арасында жүрүп кечинде башың ооруп калбайбы? Эч бир жытты айырмалай албай калган учурлар болобу?

Омоев: Жок. Жакшы атыр эч убакта башты оорутпайт. Бирок кээде колума сиңип калса кетире албай кыйналам. Жакшылап жууса да кетпейт. Күтүш керек болот.

“Азаттык”: Кофе жытты кетирет деп коюшат го...

Омоев: Ооба.

“Азаттык”: Аны жумушта колдоносуңарбы?

Омоев: Кээде колдонуп калабыз.

“Азаттык”: Кардарлар тууралуу сүйлөшсөк. Кайсы аймактардан көбүрөөк келишет. Бизге окшоп Бишкектен иш менен барып калгандар көп болобу?

Омоев: Биринчи орунда бразилиялыктар, экинчи арабдар, мурда үчүнчү орунда орусча сүйлөгөндөр (орустар гана эмес), тагыраак айтканда мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдөн келгендер болчу. Көбүнчө Орусиядан. Бирок соңку кездеги кризистен улам алардын саны кескин азайды.

“Азаттык”: Бул сатып алуучулардын жалпы агымына таасир эткен жокпу?

Омоев: Жок. Таасири деле байкалбайт. Ал эми Борбор Азия аймагынан көбүнчө Казакстандан келет. Кыргызстандан болсо негизинен конференцияга катышуу үчүн же башка максаттагы иш сапарга барган расмий делегациянын мүчөлөрү кездешет. Бул жактан барган туристтер аз, дээрлик жокко эсе.

“Азаттык”: Парфюмердик дүкөндө иштегендерге кандай талаптар коюлат?

Омоев: Негизги талап – эч болбогондо бир чет тил билүү. Ишке бат үйрөнүп кетүү, компетенттүү, түрдүү чыр-чатак, стресс учурларга туруштук бере алуу жана атырлардын түрүн айырмалай билүү. Биринчи окутушат, андан кийин көзүбүздү жумдуруп, түрдүү атырларды айырмалап, аталышын табууну талап кылышат. Ушундай сынактан өтсөң, атырдын курамын жандырып бере алсаң жакшы баа аласың.

“Азаттык”: Текшергенде канча атыр коюлат алдыңарга?

Омоев: Эки жүздөн ашуун. Ошолорду айырмалай билүү керек.

“Азаттык”: Сен эки жүзүнүн баарын тең билесиңби?

Омоев: Көпчүлүгүн айырмалап айтып бере алам.

“Азаттык”: Жумушуң тажатпайбы?

Омоев: Жок. Адамдар көп келет. Алар менен баарлашасың, өлкөсүндө болуп жаткан окуялар тууралуу сүйлөшөсүң... Жумушум абдан кызыктуу.

“Азаттык”: Сени менен чогуу иштегендер тууралуу айтып берсең.

Омоев: Көбү башка мамлекеттерден көчүп келгендер. 70% десем болот. Студенттер аз.

“Азаттык”: Көбүнчө эмне менен тамактанасың? Париж дегенде биринчи кезекте эле таңкы круассан, кофе элестетилет эмеспи.

Омоев: Ооба, күнүбүз сиз айткан азыктардан башталат. Мен жарым вегетариандык тамактанууга өткөм. Көбүнчө балык жана тоок этин жейм. Майлууну көп жактырбайм. Француз ашканасына көнүп калдым.

“Азаттык”: Үйдө жеген майлуу тамак, бешбармакты сагынбайсыңбы?

Омоев: Башында сагынчумун. Азыр көп деле эңсебей калдым. Жумушта атайын чек берет. Ошондуктан көбүнчө ресторандарда тамактанам. Университетке барганда ошол жактан эле жеп алам. Андыктан үйдөн көп деле тамак жасабайм, убакыт жетпейт.

“Азаттык”: Кыргызстанга качан кайтасың?

Омоев: 40 жашка чейин ошол жерден билим алып, тажрыйба топтоп, бул жакта пайдубал туүзүп алып анан келсем деген ойдомун. Мекенимден кетип жатканда эле өзүмө көздөгөнүмө жетип, анан кайтуу деген максатты койгон болчумун.

“Азаттык”: Тилегиңе жетишиңди каалайбыз!

"Жайсаңчы" даражалуу адам болгон

Бүркүт

Сөздүн этимологиясы, чыгыш тегине баам таштоодон кызык илим жок. "Шайлообек сөздүктөн" бир чарпым.

“Чөп оту” деген бирөөлөр малын жайган үчүн же чөбүн откозгон үчүн экинчи бирөөлөргө төлөй турган акы. Азыркы тил менен айтканда, күздөө, кыштоо же жайлоонун ижара акысын кыргыздар ушинтип “чөп оту” деп атаган.

“Бакылоочу” деген сөз бар. Көз салып, көзөмөлдөп, текшерип туруучу кишилерди ушинтип “бакылоочу” деп койгон.

Орустардын келиши менен отурукташтырылган көчмөн кыргыз элинде “ченчи” деген жаңы түшүнүк пайда болгон. Жер ченегичтерди же топографтарды кыргыз “ченчи” деген.

Кыргыздар илгерки орус зоологдорун же биологдорун “көпөлөкчү” деген. Элге сиңбей калган бул аталыш да бара-бара колдонуудан калып унутулду.

Байыркы убактарда мамлекеттер бири-бирине кат аркылуу мамилелешип, байланышып турган. Катты “битик” деп атаган.

“Чоеке” деген сөз бар. “Анын кызы обужок чоеке болуптур” дейт. “Шырдакбектин чоеке катынындай болбой жөн олтурчу?” дейт. Маанисине токтолуу үчүн мисал келтирели. “Кыздын энеси чачын кытаттап, кашын терип осмо койгон чоеке катын болгонун билгендер айтып жатышпайбы” дейт. “Чоеке” деп илгери Кашкар, Турпан тарапта соода кылып, ал жакта айлап-жылдап туруп калган эркектерге чапма никеге турган аялдарды айткан. Чапма нике деген убактылуу нике дегенди билдирет.

“Жайсаң” деген сөз бар. Бул байыркы кытай-калмак уруу башчыларынын сыйга таратыла турган ордо даражасы, ардак наамы, титулу. Мисалы кыргыздардын “Он башы, жүз башы, миң башы же бай, бий, манап” деген даражалары сыяктуу. Кытай бийлигинин көчмөн элдерге таасири күчөп турган мезгилинде “жайсаң” деген даражага ээ болуу зор сыймык болгон. Мындан улам ар бир тармактын өз “жайсаңдары” болгондугун, мисалы кадимки Манастын чоролорунун бири Ырамандын ырчы уулу атагы таш жарган чоң ырчы болгондон улам ырчылардын “жайсаңы” даражасын алгандыгын, ал анан бирде Ырчы уул, бирде “Жайсаң” болуп айтыла берип, биздин күнгө жеткенин, муну жакшылап иликтебегендер Ырчы уул деген өзүнчө манасчы, “жайсаң” деген өзүнчө манасчы деп адашып, жаңылыш пикирди таянып келатканын, “жайсаң” деген адамдын аты эмес экендигин айта кетели дедик.

Ак кездемени же болотнайды “чүштө” деп койгон. “Тим эле чүштөдөй аппак экен” деген сөз ошондон калган.

Кыргыздар көп буюм баткан, көчүп-конгон учурда үйдө сакталып турган эң чоң куржунун “лөк куржун” деп атаган.

Көчмөн эл убакыттын чен өлчөмүн кээде өзүнүн турмуш-тиричилигине ылайык атап келген. Мисалы “Эт бышым убакыт кетти” деп койгон. Бирок Кыргызстандын бийик тоолуу, абасы суюк жеринде эт кеч бышса, Бишкекте эт эрте бышкан. Ошондуктан ар бир аймактагы элдин “эт бышым убактысы” бирдей болгон эмес.

Ат жүрүшү менен жүрүп олтуруп конуп, өргүп өтө турган аралыкты “конолго” деген. Кеминде 50-60 чакырым аралыкты “конолго” десе болот.

“Коросон” деген сөз бар. Эски, эбак унутулган сөздөрдүн бири. Бул күчтүү, кубаттуу дегенди түшүндүрөт.

Кыргыздар кымыздан арак тартып ичип келген, аны “чагырмак” деп атаган.

“Карылык Абдыны акыры кемсаара кылып тынды” дейт. “Кемсаара” деген карыган, алдан-күчтөн тайып калган адамдарга айтылуучу сөз.

Эликтин эркегин кыргыз “куран” деп атаган. Жейрендин эркегин “оона” деген.

Кыргызда “Өлүү мал” деген түшүнүк бар. Жансыз буюм-тайым, кездеме жана башка товарларды“өлүү мал”, "өлүү дүйнө" деп койгон.

ГЭСтер токтоду, эми ким курат?

Токтогул ГЭСи

Президент өлкөдөгү Камбар-Ата жана Жогорку Нарын каскады ГЭСтерин курууга Орусия мындан ары катыша албай тургандыгын айтканы кызуу талкууга жем таштады.

Энергетикалык ири долбоорлордун үзгүлтүккө учурашынын негизги себеби экономикалык каатчылыкпы же башка геосаясий маселелер тоскоол болуудабы? Кыргызстан эми кимди өнөктөш кылышы мүмкүн? “Арай көз чарай” талкуусуна энергетика боюнча эксперт Бийназар Бердикеев, экономика боюнча эксперт Элдар Абакиров жана Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, саясат таануучу Эмил Жураев катышты.

“Азаттык”: Президент Атамбаев Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскаддарын курууну Орусиядагы каржы каатчылыгы менен байланыштырды эле, Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “чындыгында коммерциялык жана конъектуралык мүнөздөгү суроолор менен байланышкан айрым кыйынчылыктар бар. Азырынча кайсы бир кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтсак туура эмес болуп калат” деди. Коммерциялык жана конъектуралык мүнөздүн төркүнүндө эмне жатат, кандай чечмелесек болот?

Эмил Жураев: Президентибиздин айтканы ачык-айкын эле болуп турат. Бир чекит коюлуп расмий түрдө жабылбаганы менен Орусия тараптын, “Русгидро” ж.б. компаниялары бул долбоорлорду ишке ашыра алышпайт.

Коммерциялык жана конъектуралык дегендин себептери толтура, ошол эле Орусиядагы экономикалык кырдаал да болушу мүмкүн. Бул багытта көп долбоорлор ишке ашпай калган, туңгуюкта калган эле: энергияны качан алабыз, канча баада сатылат, качан өзүн актайт ж.б. толгон суроолорго жооптор табылбай келди. Орустар башынан эле бул долбоорго кетенчиктеп, ага чын ниети менен мамиле кылган жок.

"Азаттык": Аталган ГЭСтердин курулушу экономикалык долбоор экендигине карабай, геосаясий маселеге айланып келатат. ГЭСтердин курулушунун үзгүлтүккө учурашында Өзбекстандын таасири болдубу?

Элдар Абакиров: Менин оюмча, албетте, таасир болду, жүз пайыз болбосо да бир топ эле кедергисин тийгизди.

Бийназар Бердикеев: Биз кичинекейибизден бери география сабагынан окуп келатабыз: Жер шары үч киттен турат. Алар: күн, суу жана энергетика.

Кыргызстан энергетика боюнча дүйнөдө алдыңкы мамлекеттерден болобуз. Бул долбоорлор боюнча иш жүзүндө техникалык-экономикалык негиздемеси бар, пайдубалы даяр. Бул курулуштарды токтотпош керек. Геосаясатта кандай шарт болбосун бизге энергиянын чыкканы жакшы. Мунун жолдору бар. Арабдарбы, кытайларбы, Индиябы - инвестиция алып келиш керек. Анан кийин тендер жарыялап эле курса болот. Орустар атомдук станцияларды деле куруп жатышпайбы. Эгер акчаны тапсак эле, ачык жарыялап башташ керек. Анан кошунабыз "эмне дейт?" деп отурсак бизге энергия көбөйбөйт. Биз муну токтотпой жасашыбыз керек.

"Азаттык": Кытайды эстегенде экономикалык көз карандылык болот деген кептер бар. Анткени алар Кыргызстандагы көп долбоорлорго насыя катары акчасын салып жатканы келечекте кооптуу жагдайларды түзүшү мүмкүн дешет. Аны Кыргызстан Кытайдан 1 миллиард доллар насыя акча алганы менен байланыштырууда…

Элдар Абакиров: Өткөндө биз Монголияга барганбыз. Аларда “үчүнчү өлкөнүн саясаты” деген түшүнүк бар экен. Эң ири деп эсептелген ири долбоорлорун эки кошунасына – Орусия менен Кытайга беришпейт экен, үчүнчү мамлекеттерди издешет экен. Анткени биз аны келечектеги мамлекеттин коопсуздугу үчүн жасалып жаткан аракеттери деп түшүндүк. Мен дагы ошондой саясатты колдойт элем. Кошунанын геосаясий кызыкчылыктары дайым болгон эмеспи.

Ким бул долбоорго кирет деген суроо турат. Эмне максат менен кирет? Эң ириде экономикалык максат болуш керек, мен мынча сом салсам, мынча убакытта актай алат деп эсептөөлөр болот. Бул экономикалык нормалдуу көрүнүш, ушундай болуш керек. Үчүнчү өлкөлөр ушундай ой менен келишет эле. Бирок бизде свет баасы 70 тыйындан 2 сом 20 тыйынга чейин сатылууда. Бул баага инвестор келеби деген суроо туулат. Мындай баа менен көбү келбейт. Былтыр биз светти Казакстандан 5-6 сомго чейин сатып алдык, мындай шартта инвестор келиши мүмкүн.

Экинчи жагынан CASA -1000 программасы менен энергияны Пакистанга чейин сатсак, мүмкүн ошол жол актайт. Азыр бизге эсеп-кысап керек. Толук экономикалык максат менен келишсе жакшы болмок. Орусия менен Кытай башка геосаясий оюндар болуп аларга кошулуп кетип жатпайбы.

"Азаттык": Өзбекстан бул маселени БУУнун деңгээлинде да коюп келди эле. Камбар-Ата ГЭСтерин куруу боюнча эл аралык экспертиза өткөрүү талабы менен чыккан, Кыргызстан ага макул болду эле, эмне үчүн жылбай жатат?

Эмил Жураев: Канча жылдан бери Өзбекстан суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстанга кыр көрсөтүп, бул ири долбоорлорду болтурбоого аракет кылып жатат. Маселенин түпкү себебин бир жактуу айтуу кыйын. Бир жагы экологиялык жана сейсмикалык көйгөйлөр менен байланыштырып келишет, бирок маселенин маңызы алардан да татаал болушу мүмкүн. Нарын жана Сырдарыя аралыгында суу этегинде турган Өзбекстан үчүн суу ресурсу өтө курч маселе, аны мурдагыдан да көбүрөөк көзөмөлдөгүсү келет.

Чындыгында бул долбоорлор өтө саясатташып кетти. Орусия бул курулуштарга катышууну токтотсо, мүмкүн бизге жаңы, натыйжалуу долбоорлор ачылып калышы мүмкүн, ошону ойлошубуз керек.

Бийназар Бердикеев: Бизде энергетика боюнча саясат жок. Энергетиканы 50-60 жылга алдыга ойлонуш керек. Биз Кыргызстандын гидроэнергетикасынын 20 пайызын эле пайдаланып жатабыз. Бул ресурстар бир жакка качып кетпейт, турат, пайдаланышыбыз керек. Азыр алар кыйналып жатса кайра келер, биз эмне үчүн Орусиядан кол үзүшүбүз керек? Мындан кийин да иштешибиз керек. Биз азыр ТЭЦти кайра куруп жатабыз, эртең ТЭЦ-2ни да курушубуз керек.

Эмил Жураев: Тажиктер да Рогун ГЭСин өзүбүз курабыз деп баштап, жалпы элден салык жыйнай баштаган, ал качан курулуп бүтөрү белгисиз. Эки миллиард доллар деген Кыргызстан үчүн өтө чоң акча.

Бийназар Бердикеев: Бизде бир нерсе болсо басып алат деп калышат. Кыргызстанды эч ким басып албайт. Кытай Зимбабве жана Аргентина мамлекеттерине берген карызын азыр кечип койду. Кеп, болгон каражатты кантип натыйжалуу пайдаланууда турат. Мисалы, “Газпром” келип, биз кошуналарыбыздын көзүн карабай калдык го.

"Мунайгаздагылар" мунасага келише элек

Митингдин катышуучулары

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызмунайгаз" ишканасынын жамааты Мамлекеттик мүлк фондуна жана Геология, минералдык ресурстар агенттигине нааразылык билдирип чыгышты. Аталган мамлекеттик ишканалар өз кезегинде нааразы тараптын айыптоосун четке кагууда.

28-декабрда таңкы саат сегизде "Кыргызмунайгаз" ишканасынын Кочкор-Ата шаарында жайгашкан башкы кеңсесинин алдында миңдей кызматкер катышкан тынч жыйын өттү. Анда мекеменин узап бараткан жылда аткарган иштери тууралуу чогулгандарга кыскача маалымат берилип, соңку кездери буйрутма текшерүүлөр көбөйүп жаткандыгы айтылды.

Мекеменин профсоюз уюмунун төрагасы Акынбек Райымкулов текшерүүлөрдүн маани-жайын мындайча чечмеледи:

- Ушул жылдын сентябрь айында Мамлекеттик мүлк фондунан комиссия келип, эки күн жүрүп текшерип кетишти. Биз тоо башындагы кен өндүрүүчү аймактардан бери көрсөткөнбүз. Ал жакка барган соң үч айдан кийин өкмөткө 10 барактан турган жыйынтык беришиптир. Анда бул жерде өздөрү көрүп кеткен жагдайдын бири да жок. Жыйынтыкты бурмалап жазып беришкен. Кийин Геология, минералдык ресурстар агенттигинен дагы үч кызматкер келип, даяр жыйынтыгын жазышып, алар да бурмаланган отчет менен кетишти. Булардын максаты - Майлуу-Суу шаарындагы мунай өндүрүүчү аймакты кытайлык компанияга алып берүү. Анда "Мунайгаздын" иши бүтүндөй токтоп калбайбы. Анткени 80 пайыз кара май ушул аймактан өндүрүлөт.

Митингден бир көрүнүш
Митингден бир көрүнүш

"Кыргызмунайгаз" - мунай өндүрүү багытында иш алып барган Кыргызстандагы жалгыз өндүрүш ишканасы. Учурда Баткен жана Жалал-Абад облусунун аймагындагы 11 участокто чийки кара май өндүрүлөт. Ишкана буларга 2009-жылы 10 жылдык мөөнөт менен лицензия алган. Бирок жаңы мыйзам эрежелерине ылайык, кенди иштетүүдө лицензия алган мекеме долбоор жазып, ага 3 багытта аныктама алыш керек. Бирок аны алууда тийиштүү тараптар тоскоолдук жаратканын айтат ишкананын кендерди иштеп чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Анатолий Акимбеков.

- "Кыргызнефтегаз" иштей баштаган союз мезгилинде лицензия берилип, анда эски мыйзам боюнча кенди иштетүүдө бир гана техникалык коопсуздук жагынан гана уруксат кагазын алып жүрчүбүз. Акыркы жаңы мыйзамга ылайык эми лицензия алган тарап үч жерден уруксат кагазын алышы керек. Биринчиси - Айлана-чөйрөнүү булгабоо, экинчиси - өнөр жай коопсуздугу. Ал эми үчүнчүсү - кендеги жерди иштетүүдөгү эрежелер боюнча. 2010-жылдары Баткен аймагындагы кен чыгуучу жерлерибиз талашка түшкөндөн тартып биз долбоор жасай баштадык. 2014-2015-жылдар аралыгында 11 участоктун баарына долбоор жасап, анын алтооно уруксат кагаздарынын баары алынган. Ал эми азыр маселе жараткан Майлуу-Суу участогундагы кен чыгуучу аймакка кээ бир тараптар биздин долбоорду кабыл алышпай, өткөрбөй жатышат. Бул менен алар биздин лицензиябызды токтотуп, башка компанияга бериши мүмкүн.

Митингдин катышуучулары
Митингдин катышуучулары

Ишканага текшерүүлөрдөн сырткары Кыргызстан быйыл мүчө болуп кирген Евразия экономикалык биримдиги да өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Орусия жана Казакстандан келген арзан мазут ички рынокту каптап, "Кыргызмунайгаз" өндүргөн мазут дээрлик сатылбай калууда. Бул багытта абал кыйын болгонун айткан мекеменин жетекчиси Жеңишбек Жумашев өкмөттөн колдоо керектигин билдирди.

- Азыр жалпысынан 700 млн. сомдук продукция сатылбай кармалып турат. Өкмөткө суранып отуруп 15 миң тонна мазутту Ош шаардык жылуулук ишканасына сактоо үчүн бердик, анын да акчасы азырынча бериле элек. Бул жагдайды чечүү үчүн азыр биз өкмөткө кайрылып жатабыз. Анткени бизде мазутту өндүрүү баасы сырттан келген продукцияга караганда кымбат болуп жатат. Ошол себептүү биздики сатылбай калууда. Быйылкы жылдан тартып модернизациялоо ишин баштап, Түркия, Орусия жана Кытайдагы 8 компания менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акырында эки кытайлык компанияга токтолдук. Эми алардын кимиси биздин шартка көнсө, ишти баштайбыз деп турабыз. Бул долбоорго жалпы 65 млн. доллар каражат сарпталат.

Мекемеде жалпы 2500 кызматкер эмгектенип, быйылкы жылы 80 миң тонна мунай өндүрүлгөн. Ал эми газ өндүрүү 31 млн. куб метрге жетип, соңку беш жылда ишкананын кирешеси 6 эсеге өскөн. Учурда "Кыргызмунайгаз" жылына мамлекеттик төлөмдөргө 720 млн. сом каражат бөлөт. Ошондой эле мекеме Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын "көгүлтүр от" менен камсыздайт.

Жогорудагы дооматтарды Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги төгүнгө чыгарууда. Болгону "Кыргызмунайгаз" ишканасы кен өндүрүүдө кытайлык 11 компания менен түзгөн келишиминин мыйзамдуулугу иликтенип жатканын агенттиктин басма сөз катчысы Элеонора Сыдыкова айтат.

- Майлуу-Суу кен жайын кытайлык компанияга берет деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Биз тараптан барган комиссиянын корутундусу азырынча бериле элек. Текшерүүдө мекеме кен иштетүүдө 11 кытайлык компания менен келишимдин негизинде иш алып барат. "Кыргызмунайгаз" лицензия алып, мунай өндүрүүдө кытайлык компанияларды тартып иштетет. Бул багытта да алдыдагы күндөрү кеңири маалымат берилет.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду "Кыргызмунайгаздын" айткандарына кошулбайт. Быйыл премьер-министрдин буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ текшерүүгө барган учурда "Кыргызмунайгаз" ишканасы толук маалымат берүүдөн баш тарткандыктан алар өздөрүнүн маалыматы боюнча жыйынтык жазууга туура келгенин билдиришет. Азыр аталган фонддун дагы бир жумушчу комиссиясы "Кыргызнефтегаздын" үстүнөн иштеп жатат.

Бир саатка созулган тынч жыйындын соңунда бул багытта көмөк берүүсүн өтүнүшүп чогулгандар президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту. Анткени 2010-жылдагы ишканадагы талаштуу жагдайды премьер-министр болуп турган кезинде Атамбаев келип көрүп, ишканага көмөк көрсөткөнүн өндүрүшчүлөр унутуша элек.

"Пантерадагы" кандуу окуя иликтенүүдө

Иллюстрация

28-декабрда таңга маал 714-бөлүктө кароолдо турган аскер эки сержантты атып салды. Бирөө алган жаракаттан улам ооруканада көз жумду, үч жолу ок жеген экинчи аскердин абалы оор.

“Пантера” деп аталган атайын даярдыктагы бөлүктө 28-декабрда таңга маал кароолдо турган аскер эки сержантты атып салды. Натыйжада бирөө алган жаракаттан улам ооруканада көз жумду, үч жолу ок жеген экинчи аскердин абалы оор.

Улуттук гвардиянын Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалай Мырзабаевдин билдиришинче, окуя таңкы саат төрттө болгон жана кароолдо турган жоокер сержанттарга ок чыгарганга аргасыз болгон. Азыр окуянын так себеби, чоо-жайы такталып жатат:

- Ушул 714-бөлүктө кызмат өтөп жаткан эки сержант курал менен бараткан жоокерибизге кол салган. Ал курал колдонгонго аргасыз болгон. Курал колдонуунун кесепетинен Азамат уулу Асылбек уулу деген сержантыбыз Бишкекте №4 ооруканада таңкы саат 7де каза болду. Жаракат алган экинчи жоокерибизге операция жасалды. Ал азыр реанимацияда. Ага үч ок тийген, эки окту алып чыгышты, төшүндөгү үчүнчү ок алына элек. Окуяны Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Бул окуя эмне себептен болгонун азырынча айта албайбыз.

Ок чыгарды деген жоокер Аскар Мейкин уулу 19 жашта. Кызмат өтөп жатканына үч ай болгон. Мырзабаев ал жогорку окуу жайда окуп жүргөндө академиялык тыныгуу алып, армияга өз эрки менен келгенин айтат:

- Кызматы жакшы болчу. Баса белгилеп коюучу жагдай, аскер бөлүктүн кароол курамы дагы тандамал жоокерлерден турат. Кароолго баары эле тура бербейт. Курал колдонгон жоокер ошол тандалма жоокерлердин бири десек болот. Эки сержанттын бирөө 19 жаштагы Марипов. Ошол жерде кызмат өтөгөндөн кийин келишимдик негизде калып калган. Каза болуп калган аскер кызматкерибиз да мыкты жоокерлерден болчу. Кармашып урушуу боюнча машыктыруучу болчу. №714 бөлүк атайын багыттагы бөлүк. Кокус күтүлбөгөн окуя, чукул кырдаал болуп кетсе, Башкы штабдын карамагына өткөрүлүп бериле турган бөлүк.

№714 аскер бөлүктүн жетекчилери комментарий берүүдөн карманып турушат. Мындан улам "Азаттык" тандалган уландар гана алынган “Пантера” тууралуу ал жакта кызмат өтөп кеткендерден сураштырды. Алардын бири, 27 жаштагы Улан аскердик жашоону учкай айтып берди. Шарты жакшы болгону менен ызалантып, ок чыгарганга жеткире турган жагдайлар болорун кыйытты:

- Ал жакты начар, тигиндей-мындай деп айткандан алысмын. Бүт баары эле жакшы. Мисалы, машыгып келгенден кийин чайкана турган жайлары бар, машыга турган өз-өзүнчө залдар бар. Ашканада болсо команда менен тамак иче турган, союздан калган тартип эмес, ичип туруп кеткен америкалык тартип болуп калган. Шарты абдан жакшы. Сержанттар сабак өтүшөт, тургандан баштап жатканга чейин аткарыла тургандардын баары саат-сааты менен көрсөтүлгөн. Ок чыгарган жоокер катуу ызаланып калышы мүмкүн. Анын намысына тийген сөздөр айтылышы мүмкүн. Эркектерде намыс күчтүү да. Балким ошон үчүн ушундай окуя болуп кеткендир.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков кароолдо турган жоокер качан, кандай учурда ок чыгарары уставда так көрсөтүлгөнүнө токтолду. Ошондой эле ал армиядагы уставга жат көрүнүштөр тыйылбай жатканын да кошумчалады: ​

- Кароолдо турган жоокер өзүнүн начальнигинен жана "разводящийден" башка эч кимди киргизбейт жана жакын жолотпойт. Эгер башка кызматкерлер анын аймагында болуп, буйругун аткарбаса, анда ал ок чыгарганга укугу бар. Эгер ошол эки сержант ошондой уставга жат кадамдарды жасаса атып салышы деле мүмкүн. Экинчиден, Куралдуу күчтөрдө улуулардын кичүүлөргө үстөмдүк кылуусун жоюу кыйын болуп калды. Майрамдын алды деп балким ичимдик ичип алыштыбы, же ошол окуяга чейин ортолорунда талаш-тартыш болгонбу, үстөмдүк кылып, намысына тийгенден улам атып жибериши мүмкүн. Териштирүүдө көп нерселер такталат.

Кыргыз армиясында жоокерлердин бири-бирине ок чыгарган учурлары буга чейин да катталган.

Эң үрөй учурган окуя мындан үч жыл мурун Ысык-Көлдө катталган. Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара туругунда кызмат өтөп жаткан Балбай Кулбарак уулу аттуу жоокер төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан.

Жоокер октон каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

“Кыргызмунайгаздын” кызматкерлери митингге чыкты

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жамааты Мамлекеттик мүлк фондуна жана Геология, минералдык ресурстар агенттигине нааразылыгын билдирип, тынч жыйынга чогулду.

Ушул жылдын сентябрь айында аталган фондго караштуу жумушчу комиссия ишкананы текшерип кеткен. Митингге чыккандар комиссия өкмөткө туура эмес маалыматтарды берип, кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасын аткарып жатат деп күмөн саноодо.

Кызматкерлер ишкананын Майлуу-Суу аймагында жайгашкан мунай кени бар участкасын ар кандай жолдор менен кытайлык компанияга берүү аракети болуп жатканын белгилеп, президентке кайрылуу жолдошту. Анда ишкананы ар кандай буйрутма текшерүүлөрдөн коргоп, өлкөдөгү жалгыз мунай өндүргөн мекемени сактап калуу өтүнүчү айтылган. Жалпысынан кайрылууга 2500 кызматкер кол койду.

“Кыргызмунайгаз” ишканасы жылына 80 миң тонна мунай жана 32 млн куб метр газ өндүрүп, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын газ менен камсыздайт.

Таалайбеков: Кыздарды кордогон "патриотторго" ыйлагым келген

Улан Таалайбеков

Кытайда эки миңден ашуун кыргызстандык студент билим алууда. Бээжинде окуган балдар түзгөн "Патриот KG" уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу “Азаттыкка” анын теңтөрагасы Улан Таалайбеков айтып берди. Нарында төрөлгөн Улан 23 жашта. Учурда Бээжиндеги Саясий илимдер жана укук университетинин 2-курсунда окуйт.

“Азаттык”: Кытайдын жогорку окуу жайында бекер билим алуу укугун алуу оңой эместир...

Таалайбеков: Албетте, абдан кыйын болду. Бишкекте Кыргыз-кытай институтунда окуп жүргөндө эле Кытайга келүүнү эңсечүмүн. Ал жакта кытайлар аз болгондуктан тил чөйрөсү жок. Ошондуктан Кытайга келүүнү көздөгөм.

Үч жыл бою чуркап, жанталаштым. Ар кандай мамлекеттик программаларга катыштым, гранттарды издедим. Биринчи жылы документим туура эмес болуп өтпөй калдым, экинчи жылы дагы бирдемеси чыкты. Аягында талыкпаган эмгегимдин үзүрүн көрүп, Кудай жалгап тилегим ишке ашып өтүп кеттим.

“Азаттык”: Тил үйрөнүү кыйын болгон жокпу?

Таалайбеков: Негизи кытай тили дүйнөдөгү эң татаал, оор тилдердин катарына кирет эмеспи. Оор болду. Бирок адамдын өзүнүн каалоосунан, аракетинен көп нерсе көз каранды. Үйрөнөм деп максат койсо, ошого жетсе болот.

“Азаттык”: Эмне себептен кытай тилин тандап алдың эле?

Таалайбеков. Кичине чагыман эле Кытайга келүүнү самачумун. Балким, кытай кинолорун көп көрүп калгандыктанбы... Таасирленип, кытай тилин үйрөнсөм деп эңсегем. Ушул максат менен келатам.

Албетте, жөн гана тилди үйрөнбөстөн, келечекте кытайча жакшы сүйлөп, Кыргызстанда кытай тили боюнча чоң даражадагы адис болгум келет. Мекенимдин өнүгүшүнө кичине болсо да өз салымымды кошуп, эки мамлекет ортосунда көпүрө болуп, ынтымак, достук мамилелерди өнүктүрүүгө жардамдашсам дейм.

“Азаттык”: Силердин уюм “Патриоттор” деп аталат экен. Качан түзүлдү эле, максаты кандай?

Тааалайбеков: “Патриот KG” коомдук бирикмеси 2013-жылы Кытай Эл Республикасында окуп билим алып жаткан жигердүү жаш кыргыз жигиттеринин демилгеси менен уюшулган.

“Азаттык”: Орусияда кыргызстандык мигрант балдар-кыздарды видеого тартып, мазактап интернетке чыгарган окуяны уккан болушуң керек... Алар өзүлөрүн “Патриоттор” деген уюмбуз деп жарыялаган. Ошондон уламбы, азыр коомчулукта патриот деген сөздүн мааниси, баркы түшүп кеткендей...

Таалайбеков: Адам кандай жаман иш жасаса да аны уруп-сабап, тепкилеп чыгарган мен үчүн аябай терс, акылга сыйбаган көрүнүш. Балким ошол эле балдардын өздөрүнүн карындаштары, эжелери бардыр. Ошолорду кордолгон кыздардын ордуна коюп карап көрүшсө кандай болот эле? Бул тууралуу айтуу өтө оор. Кээде ыйлагың да келет. Кыргызда “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба”, деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, эгер күнөөсү болсо бир күнү өзү эле чыгып, билинип калмак.

Биз уюмубузду эмне үчүн “Патриот KG” деп атадык? Себеби патриот десеңиз ар кайсы тилде түшүнүктүү. Англисче деле, орусча деле, мисалы, патриот десе мекенчил дегенди жакшы түшүнөт. Анан аягына KG деп Кыргызстандын кыскартылган белгисин кошуп койгонбуз.

Биздин коомдук бирикме ачылып, жаңыдан иш баштаганда жанагы сиз айткан уюм жок болчу. Тилекке каршы, кийин алардын ошондой иштери чыгып кетти. Бирок кандай болгон күндө да эч нерсеге карабайбыз, өз тандап алган жолубуз менен кете беребиз. Саясий, диний максаттарыбыз жок. Бир гана билим, маданият жана спорт тармактары боюнча иш-чараларыбызды уюштура беребиз.

2014-жылы Гуйлин технологиялык университетинде Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрдүк. Ага Гуанчжоу шаарындагы Башкы консул келип катышты. Башка сыйлуу коноктор да болду.

Ошол эле жылы жайында Кытайдан беш бюджеттик орун алып, Кыргызстандан өзүбүз сынак өткөрүп, татыктуу балдарды тандап, бекер окуу мүмкүнчүлүгүн тартууладык. Буга чейин коомдук бирикме ушундай иш жасаганы бир да жолу болгон эмес эле. Сынактын талаптарын өзүбүз иштеп чыгып уюштурдук. Орун сатып алуу, туугандарга тартуу дегенге жол берген жокпуз.

Негизи эле биздин уюм Кытай менен гана чектелбейт. Дүйнөнүн булуң-бурчунда билим алып жүргөн мекендештерибиз менен байланышып, түрдүү акцияларды уюштуруп келатабыз.

“Азаттык”: Силер сыяктуу жаштар Сириядагы согушка катышканы кетип жатат. Көбү ошол жактан мерт болууда. Алардын агымы токтобой жатканына эмне себеп деп ойлойсуң?

Таалайбеков: Бир чети аларды да туура түшүнсө болот. Балким учурунда жакшы тарбия албай калгандыр, ата-эненин мээримин көрбөй калган болушу ыктымал. Балким, жашоонун түрткүсү болду... Акчага азгырылды...

Ислам дининде бир адамды өлтүрүү дүйнө жүзүндөгүлөрдүн баарын өлтүрүү менен тең каралары белгилүү эмеспи. Ислам тынчтыкка, Мекенди, ата-энеңди сүйүүгө, улууну урматтоого чакырган дин да!

Каяктагы согуш? Каяктагы жихад?

Ар кандай уюмдарга азгырылып кирип алып, туура эмес маалымат алгандын кесепети ушундай болуп жатат го деп ойлойм.

“Азаттык”: Кытайга бир нече күнгө келип биз интернеттен аябай кыйналып жатабыз. Социалдык түйүндөргө кире албайт экенбиз. Силер ушундай шартта кантип байланышасыңар башкалар менен?

Таалайбеков: Чынында эле бул аябай көйгөйлүү маселе. YouTube, Facebook, Google, Instagram дегендерге такыр кире албайбыз. Кытай мамлекети өзү кандай маалымат берсе, эл ошону эле алат экен. Бирок биз айрым атайын программалар аркылуу кээде кирип турабыз. А негизинен Skype менен эле байланышып турабыз.

"Азаттык": Ишиңерге ийгилик каалайбыз.

Таалайбеков: Рахмат.

Колдоо күткөндөрдүн арманы

Колдоо күткөндөрдүн арманы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Апта: Осол кылган Орусия, опузалаган “Центерра”

Узап бараткан аптада өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жарыялады. ГЭСтерди куруу боюнча келишимди Орусия аткарбагандыктан Кыргызстан андан чыгары маалымдалды.

Атамбаевдин аргасыз кадамы...

24-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анда бир катар олуттуу маселелер боюнча маалымат берилди.

Алардын эң орчундуусу - Кыргызстандын 2012-жылы сентябрь айында орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда кол коюлган энергетикалык келишимдерден чыгары тууралуу маалымат болду.

Ал келишимдерге ылайык, Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарында төрт чакан жана орто ГЭСти куруш керек эле. Бирок келишимге кол коюлгандан бери үч жылдан ашып баратса да көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасалган эмес. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесине 15 млн. доллар бөлүү жөнүндөгү баштапкы иштердин дайыны белгисиз.

Алмазбек Атамбаев келишимдерден чыгуу чечими жеңил болбогонун билдирди:​

ГЭСтер курулчу жердин бир бөлүгү
ГЭСтер курулчу жердин бир бөлүгү

- Биз бул маселе боюнча быйылкы жылы көп жолу сүйлөштүк. Мен үчүн да жеңил эмес. Жаңы инвесторду издөө үчүн дагы бир жактарга барып, кимдир бирөөлөрдү көндүрүш керек. Бул жерде баары чечилген эле. "Русгидронун" башында Дод турган мезгилде бир иштер жасалып жаткан. Мен дагы реалистмин. Бул иш эки-үч, мүмкүн беш-он жылга токтоп калат. Орус тараптын жүйөлөрүн уктум. Алар тынымсыз жаңы себептерди таап чыгууда. Ал түгөнбөйт.

Кыргызстан бул келишимден чыккандан кийин жаңы инвестор издөөгө туура келерин президент белгиледи.

Эгерде Жогорку Нарындагы чакан жана орто ГЭСтерди куруу үчүн инвестор издөө жана табуу кайсы бир деңгээлде жеңил жана тобокелсиз болсо, Кыргызстандын энергетикалык тартыштыгын чечүүгө жөндөмдүү болгон ири Камбар-Ата-1 ГЭСине инвестор табуу да, тартуу да жеңил эмес. Биринчиден, долбоорго көп каражат талап кылынат. Экинчиден, геосаясий мүшкүлү бар. Белгилүү болгондой, Өзбекстан бул ГЭСтин курулушуна каршы.

Жаңы инвестор ким болот?

Жаңы инвестор дегенде биринчи кезекте Кытай көз алдыбызга тартылат. Кытайда акча жана тийиштүү технология бар. Бирок Кытай Өзбекстан менен мамилесин тобокелге салып, бул долбоорго кирише алабы? Маселе ушунда жатат.

Андан сырткары мындай ири долбоорду аткарууда Кыргызстандын ишенимдүү өнөк боло аларына Бээжинде күмөн болушу мүмкүн. Ага Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча азыркы кыргыз бийлигинин каршы-терши чечимдери негиз болот. Андан сырткары Сары-Жаз бассейинин өздөштүрүү боюнча Кыргызстан Кытайдын сунуштарын сумсайткан жайы бар.

Алмазбек Атамбаев акыркы кезде айланчыктаган араб инвесторлорунда акча бар. Бирок аларда технология жана саясий эрк, жөндөм болгону шек жаратат.

Ошондуктан Камбар-Ата-1 үчүн Орусия идеалдуу инвестор эле. Ал Ташкендин тилин табууга, керек болсо тизгинин тартууга жөндөмдүү болуп, эң башкысы регион мамлекеттеринин кызыкчылыктарын балансташтырууга дараметтүү болчу.

ГЭСтердин курулбай калышынын кесепети

ГЭСтердин курулбай калышы Кыргызстанда энергетикалык кризистин учугун дагы узартат. Экономикалык өсүш үчүн зарыл болуп жаткан энергетикалык тартыштыкты жоюунун келечеги дагы белгисиз мөөнөттөргө жылат. Албетте өкмөт Кара-Кечеде жана башка жерлерде көмүр менен иштөөчү ТЭЦтерди курарын айтып жатат. Бирок ал кымбаттыгы, экологияны бузганы менен ылайыксыз.

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны маалында
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны маалында

Орусия үчүн келишимди аткарбоо репутациялык жактан зыяндуу. Өзгөчө Кыргызстан калкынын алдында. Ошондуктан Орусиянын элчиси Андрей Крутько жана президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө реакция жасап, азырынча так чечим кабыл алына элек дегендей жооткотууда.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов Кыргызстан Орусия менен энергетикалык келишимдерди түзүүдө катачылыктарга жол берген дейт:

- Эми Орусияга ишенип келдик. Аларга саясий жагынан да, экономикалык жактан да таянып, ошолор курат деген ишеним менен келдик. Ошонун негизинде келишим түзгөндө да экономикалык жоопкерчилик жазылбай калган. Эл аралык принциптердин негизинде алар куруудан баш тартса, чыгымдарга эки тарап кандай жооптуу болот деген пункттар болгон эмес.

Жаныбек Оморов ГЭСтерди куруу үчүн ачык эл аралык конкурс жарыялап, ага мамлекеттер эле эмес, жеке ишкерлердин катышуусуна да жол берилиш керектигин кошумчалады.

Рогун ГЭСи
Рогун ГЭСи

Кыргызстан менен Орусия 2012-жылы жетишкен келишим Кыргызстан үчүн ыңгайсыз экени ошол кезде эле айтылган. Анткени келишимге ылайык Орусия курула турган ГЭСтердин 50% түбөлүк ээлик кылмак. Маселен, Иран Тажикстанда ГЭС куруп, ал өзүн актаганга чейин Тегерандын ээлигинде болору келишилген. Ошондуктан Орусия менен келишимдин бузулушу Бишкек үчүн ушул жагынан пайдалуу болушу да ыктымал.

Орусиянын ГЭСтерди курбай калуу себебине келе турган болсок, президент Алмазбек Атамбаев аны Орусиядагы экономикалык кризис менен байланыштырды. Чындыгында Орусияда экономикалык каатчылык жана санкцияга байланыштуу сырттан насыя тартууда оорчулук бар. Бирок 350 млрд. доллар валюталык резерви, технология жана башка мүмкүнчүлүгү бар Москва долбоорду аткарууга дарамети жетиштүү эле деген пикирлер бар.

Москва Бишкекти эле эмес, Тажикстанды да ушундай абалда калтырган. Тажикстан мындай шартта Рогун ГЭСин өзү курууга киришкени маалым.

Фонддун да иши канааттандырбайт

Москва менен Бишкектин ортосунда кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иши боюнча да пикир келишпестиктер жаралгандай. Президент Атамбаев фонд жакын арада натыйжалуу ишке киришпесе, кадрдык чечимдер талап кылынарын айтты. Эки өлкө фонддун уставдык капиталын 500 млн. долларга жеткирип, дагы кошумча 500 млн. доллар насыя тартууну макулдашкан. Ушул күнгө чейин фондго 250 млн. доллар түшкөн.

Кыргызстан президенти фонд аркылуу чакан жана орто ишкерликти сом менен 12%, доллар менен 7% үстөгү менен каржылай баштайт деп үмүт артып жаткан. Бирок фонд үстөгү 12% насыя бөлүп, анын үстүнө ири долбоорлорго көп суммада насыя берүүгө ыктап жатканы маалым. Мына ушул жагдайлар жана фонддун ишинде активдүүлүктүн жоктугу да кыргыз президентин нааразылыгын жараткандай.

"Центерра" да сестентти...

“Балээ жалгыз келбейт” дегендей ГЭСтер көйгөйүнө чейин узак жылдык жаңжалга айланган Кумтөр тарапта да Кыргызстан жоготууларга учурап жатканы маалым болду. Кыргызстан бийлиги жана парламенти Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү биринин артынан бирин жүргүзүп, тынымсыз талашып-тартышып жатып, соңунда сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын жарыялады.

Кыргызстан сүйлөшүүдөн баш тартардан бир нече күн мурун “Центерра Голд Инк” Кыргызстандын кызыкчылыгына дагы бир сокку уруп, кошумча акция чыгаруу чечимин кабыл алганы маалым болду. “Центерра Голд Инктин” 12 кишиден турган Директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын үч өкүлүнүн бири болгон Кылычбек Шакиров кошумча акция чыгаруу “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшүнүн кыскаруусуна алып келерин айтты:

- 4.6 млн. даана акция чыгарабыз деп жатат. Андай болгондо “Кыргызстандын” азыркы 32.75% акциясы 32.1% чейин түшөт. Биз Директорлор кеңешинде үчөөбүз каршы чыгып, “Кыргызалтындын” үлүшү азайбаш керектигин айттык. Бул маалыматты өкмөткө да ошол замат жеткирдик.

Кумтөр кени
Кумтөр кени

Өкмөт башчы Темир Сариев Директолор кеңешиндеги үч өкүлдүн ишине нааразылык билдирди. Бирок азчылыкты түзгөн Кыргызстан өкүлдөрү Директолор кеңешинде чечим кабыл алууга таасир этүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Анткени үч добуш эч нерсени чечпейт.

“Центерра Голд Инк” мына ошентип кошумча акция чыгарабыз, чатактын баарын эл аралык сотто чечебиз деп опузалап жатканда Темир Сариев канадалыктар менен мурунку сүйлөшүүдөн чыгып, жаңы сүйлөшүүлөр баштарын билдирди:

- Биз ал сүйлөшүүдөн чыктык. Расмий түрдө билдирдик. Бирок жакын арада жаңы сунуш беребиз. Биз экономикалык, экологиялык жагына басым жасашыбыз керек. Мамлекет көбүрөөк пайда ала турган, экологияны сактап кала турган, жаңы технологияны колдонуп, башкаруу системасына толук кандуу кирише ала турган вариантка барабыз деп айтып атабыз.

Ошол эле учурда “Центерра” буга чейин коюлуп келген экология, экономикалык, башкарууда Кыргызстандын талаптарын аткарбай койгонун Темир Сариев мойнуна алды.

Ошондуктан “Центерра” баарын четке кагып жатканда жаңыдан кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков жаңы сүйлөшүүлөрдө көзүрлөрдүн баары “Центерранын” колунда болорун айтат:

- Эгерде биз жаңы келишим түзөбүз деп, сүйлөшүүлөрдү баштай турган болсок, биздин абалыбыз мындан дагы начарлайт. Анткени Кумтөр эртең кандайдыр бир себеп менен токтоп кала турган болсо, биздин экономикабызда катастрофалык абал түзүлөт. Анткени Кумтөрдөн биз 6-7 млрд. сомдун деңгээлинде салык түрүндө, дивиденд алабыз. Мына ушулардын баары бизге чоң коркунуч туудурат. Ошондуктан жаны сүйлөшүүлөр бизди эч кандай ийгиликке алып келе албай турганына көзүм жетет.

Равшан Жээнбеков Кумтөр боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү Кыргызстан бийлигинин жана коррупциялашкан адамдардын жаңы оюну болуш мүмкүндүгүн белгиледи.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүлөрдү убакытты созуу катары баалады:

- Биз бир нече жыл мурун эле улутташтырууга барышыбыз керек эле. “Центерранын” тактикасы баарыбызга белгилүү. Анын сыры ачылган. Эптеп сүйлөшөбүз деп убакытты созууда. Үч жыл созду, дагы үч жыл созсо ал жерде алтын деле калбай калат. Биз өзүбүз үчүн өтө кымбат, маанилүү болгон үч жылды өткөрүп жибердик. Бүгүн да биз макул эмеспиз деп өкмөт менен мышык-чычкан ойноп, созгонго аракет жасоодо.

Кыргызстан эң чоң акционери болгонуна карабай, аны менен эсептешпей, кызыкчылыгын эске албай кошумча акцияларды чыгарып, биздин үлүшүбүздү бир топко азайтып жатышат... Мунун баары “Центерранын” бизге ниети түз эмес экендигинин далили. Алардын “эптеп эски эрежелер менен иштей берсек, бир нече жылдан кийин алтын да калбай калат, Кыргызстан менен ошондо башкача сүйлөшөбүз” деген ниети бар.

Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын келерки жылынын бюджетинин кирешеси 124 млрд. сом деп белгиленген. Анын ичинен 5 млрд. сомдон ашууну Кумтөрдөн түшөт. Чындыгында мамлекет үчүн бул анчалык деле чоң сумма эмес. Анткени Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден эле салык, бажыдан 5 млрд. сомдон ашуун жоготууда, ал эми Транзиттик борборду чыгарууда мамлекет андан көп өлчөмдөгү жоготууларга барган. Бирок “Центерра” эл аралык сотто кездешебиз деп коркутууда.

Кыргызстандын да сотто экология, келишимдин башынан коррупциялык мүнөздө болгону сыяктуу жүйөлөрү жок эмес. Бирок да кыргыз бийлиги андай тобокелчиликтерден баш тартып, 2009-жылы Курманбек Бакиев учурунда жетишилген келишимди да сактай албай, Кыргызстандын үлүшүн азайтууга барууда. “Мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр” дегендей абал түзүлүүдө.

Ачык калган ажо шайлоо

24-декабрда маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бийликте бир күн да турбасын, аны төрагалык да, өкмөт башчылык да кызыктырбасын, атүгүл мураскерин да даярдабасын билдирди.

Президенттин бул билдирүүсү 2017-жылдагы президенттик шайлоого карата жаңы кырдаалды түзөт. Анткени Алмазбек Атамбаев 6-ноябрда Жогорку Кеңешке кайрылуусунда Европа үлгүсүндөгү таза парламенттик бийлик системасына өтүү жөнүндө сөз кылган эле. Бул 2017-жылдагы президенттик шайлоонун баа-баркын төмөндөтүп жаткан. Себеби таза парламенттик системада президентти парламент шайлап, анын бийлиги өтө эле чектелүү болот.

24-декабрда болсо Алмазбек Атамбаев 2017-жылы боло турган президенттик шайлоо, ал алып келе турган тобокелчиликтер жөнүндө сөз кылгандыктан республиканын таза парламенттик башкаруу системасына өтүүсү арасат экенин көрсөтөт.

Дегеле Конституция качан өзгөртүлөт, ал кандай жол менен ишке ашырылат, бийликте ыйгарым укуктар кандай бөлүштүрүлөт деген суроолор жоопсуз кала берди.

Суу кодекси Кумтөр боюнча сүйлөшүүдө саясий курал болобу?

Давыдов мөңгүсү.

Суу кодекси Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Кыргызстан менен “Центерранын” ортосунда түзүлгөн кырдаалда саясатка айланды.

Суу кодексин өзгөртүүгө кимдер кызыкдар?

Суу кодексине негизинен мөңгүлүү тоолордо кен казуу ишине тиешеси бар өзгөртүүлөр сунушталган. Кыргыз өкмөтү мурдараак мыйзамга өзгөртүү киргизилбесе Кумтөр кенинин иши үзгүлтүккө учурарын билдирген. Ага ылайык, Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүн көчүрүү мыйзамдаштырылат. Анткени мөңгү буга чейин эле тоо тектери менен кошо башка жерге ташылып, ал эми көчүрүлгөн мөңгүлөр эрип, жок болуп жаткан.

Ушундан улам Суу кодексине өзгөртүү киргизүү сунушу коомчулукта “коррупциялык максатта жасалып жатат, бул мыйзам менен кыргыз өкмөтү “Центеррага” мөңгүлөрдү бузууга мыйзамдуу түрдө жол ачып берүүдө” деген пикирлерди жараткан. Жарандык активисттер, экологияны коргоочулар депутаттарды, жалпы коомчулукту Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы турууга чакырык жасаган.

Суу кодексин өзгөртүү боюнча маселени мурдагы чакырылыштагы парламент бир нече жолу талкуулап, натыйжада долбоор кайра артка кайтарылган эле.

6-чакырылыштагы парламент кайра шайланып келгенден көп өтпөй Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кайрадан сунушталды. 21-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бул маселени карамак. Бирок ошол эле күнү өкмөт депутаттардан Суу кодексин талкуулоону токтото турууну суранып, муну эксперттик топ долбоорду даярдап бүтө электигине негиздеди.

Давыдо мөңгүсү
Давыдо мөңгүсү

Парламенттин акыркы эки чыгарылышындагы депутаты, Суу кодексине өзгөртүү киргизүү, мөңгүлөр боюнча атайын комиссиянын курамында иштеген депутат, учурда Отун-энергетика жана тоо-кен тармактары комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгып келет. “Азаттыкка” курган маегинде депутат мындай пикирин төмөнкүчө негиздеди:

- Мен мөңгүлөрдүн бузулушуна каршымын. Ансыз деле Кумтөр алтын кениндеги Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү калган жок. Мен аны өз көзүм менен көрүп келгем. Аны алып, башка жакка ташып коюп жатабыз дешет. Андай деле болгон жок. Лысый менен Давыдовду талкалабаса, алтын алынмак эмес. Бул боюнча эксперттер да өз баасын берип жатышат. Азыр алар иштеп жатышат. Биздин комитет кышкы мезгилде барып, мөңгүнүн азыркы абалын көрүп келели деген оюбуз бар.

“Мөңгүлөрдү коргоо” боюнча жарандык демилгенин башчысы, эколог Динара Кутманова коомчулукту Суу кодексин өзгөртүүгө каршы турууга чакыргандардын бири. Ал аталган мыйзам долбоорунун артында коррупция жатат деп эсептейт:

- Азыр эми Суу кодексине эмнеге өзгөртүү киргизип жатышат? Анткени, мыйзамды өзгөртүп берип, “Центеррага” мөңгүлөрдү талкалоого жол ачып беришет. Жыйырма жылдан бери ансыз деле эч кандай жоопкерчилиги жок иштеп келатышат. Дагы он жыл иштейбиз деп жатышат. Жаңы мыйзам кабыл алынса, экологиялык зыяндарга “Центерра” эмес, Кыргызстан күнөөлүү болуп калат.

Динара Кутманова Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жүргүзүлгөн бир катар мамлекеттик жана көз карандысыз комиссияларда эксперт катары катышкан.

15 жылда башка мөңгүлөр 10 метрге эрисе, Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр 30-40 метрге чейин эриген.

Белгилүү болгондой, 2013-жылы Кумтөр келишими боюнча мамлекеттик комиссия иликтөө жүргүзгөн. Курамына бир катар депутаттар, министрлер, коомдук уюм өкүлдөрү кирген комиссия Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганын, бир катар мыйзам бузуулар менен түзүлгөнүн аныктаган эле. Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра Голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоону сунуштап, жаңы келишимде экологияга келтирген зыян үчүн компания жылына Кыргызстанга төлөп жаткан 310 миң доллар аздыгын, бул сумманы көтөрүш керектигин, рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар камтылган корутунду чыгарган. Анда салык жана башка төлөмдөр да Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүрүшү керектиги белгиленген болчу.

Динара Кутманова ошол мамлекеттик комиссиянын корутундусу “Центерра” тарабынан аткарылбай, кыргыз өкмөтү аны бекем көзөмөлдөй албай жатканын кошумчалады:

- Ошол корутундуда көп нерсе жазылган. 500 беттен ашык болчу. Мен эксперт катары өзүм жазган корутундуда эле экологияга келтирилген зыяндар, алардын ордун толуктоо тууралуу “Центерраны” милдеттендирген беренелерди жазгам. Ошону өкмөт сайтына ачык жарыялап, анын "Центерра” тарабынан эмнеси аткарылды, кайсынысы аткарылбаганын коомчулукка маалымдап турууга тийиш эле. Бүгүнкү күнгө чейин мунун бирөө да жасалган жок. Албетте, өкмөт текшерип, талап кылбаса, “Центерра” милдеттенмелерин аткарбайт да.

Өкмөт "Центерра" менен башкача сүйлөшөт

22-декабрь күнү өкмөт Канаданын “Центерра Голд Инк” компаниясы менен Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгарын жарыялады. 23-декабрда премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңешке келип, өкмөттүн чечими боюнча маалымат берди. Сариев сүйлөшүүдөн чыгууга сүйлөшүү быйыл апрелден бери жакшы жүрбөй, жыйынтыксыз келатканы себеп болгонун маалымдап, “Центерра” Кумтөрдү иштетүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгиледи.

Темир Сариев
Темир Сариев

17-декабрда Торонтодо “Центерра Голд Инктин” директорлор кеңеши кезексиз жыйын өткөрүп, анда 4,6 миллион кошумча акция чыгаруу милдетин талкуулаган. Бул тууралуу баса белгилеген Темир Сариев кошумча акция чыгаруу Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн азайтарын да айтып кетти:

- 17-декабрда директорлор кеңеши чакырылган. Алдын ала маалыматтарда финансылык туруктуулук жөнүндө маселе каралышы керек болсо, жыйында 4,5 млн. акцияга кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечим чыгарып койгон. Ал жердеги биздин үч мүчөбүз каршы чыккан. Бирок аларды укпай, көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алып койгон. Биз муну угарыбыз менен аларга дароо каршы кат жолдодук. “Кыргызалтын” ишканасы да акционер катары бул чечимге каршы кат жолдоду. Өкмөт дагы акционер катары буга каршы экенибизди билдирип, чечим кабыл алып, Торонтого кат жаздык.

Премьер-министр тез аранын ичинде кыргыз тарап өзгөртүүгө барбаса, “Центерранын” кылган иши Кыргызстандын кызыкчылыгына жатпай каларын кошумчалады:

- Булардын негизги максаты – Кумтөрдөгү биздин үлүшүбүздү азайтуу деп түшүндүм. Кошумча акция чыгаруунун кесепетинен биздин үлүшүбүз 0,6% азаят. Мурда 32,7% болсо, азыр 32,1% болуп калат. Биз ошол үчүн каршы чыктык.

23-декабрда болсо “Центерра Голд Инк” компаниясы Кыргызстандын бул чечимине жооп берип, Кумтөр долбооруна байланыштуу маселелердин баары эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилиши керектигин эскертти. Компания өз маалыматында 2009-жылкы инвестициялык макулдашуулардагы милдеттенмелерди да эске салган жана ошондой эле “Центерра” бул документти убагында Кыргызстандын бардык тийиштүү органдары жактырганын белгилеп кеткен.

Кумтөр кени
Кумтөр кени

“Центерранын” кошумча акция чыгаруу дымагынан соң Суу кодексин кароону өкмөт тарабынан убактылуу токтотуу аракети да канадалыктардын Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеп жатканынан улам болушу ыктымал деген пикирлер арбыды. Анткени, мурдараак өкмөт тескерисинче Суу кодексине өзгөртүү киргизилбесе, Кумтөрдө алтын казуу токтойт, бул мамлекеттин бюджетине түшүп жаткан каражаттын кескин кыскарышына алып келет деп бекемдеп келген.

Биз жогоруда белгилегендей, учурда Кумтөрдө кен казуу ачык түрүндө жүргүзүлөт, муздарды талкалап, башка жакка жылдыруу менен кен казууга “Центеррага” парламенттин макулдугу менен өкмөт 2015-жылдын аягына чейин уруксат берген. Саналуу күндөрдөн кийин бул мөөнөт аяктайт. Уруксат узартылбаса, 1-январдан тарта кен казуу токтойбу деген суроого “Кумтөр оперейтинг” ишканасынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Кимсановдун жообу төмөнкүдөй болду:

- "Кумтөр" ишканасы кичинекей агрегат эмес, бир кнопканы басып эле токтотуп койгондой. Токтоткон күндө да, кайра аны ишке киргизүүгө бир топ чаралар, бир топ каражат кетет. Адистер муну жакшы билет. Анткени бул өтө татаал, орчундуу ишкана.

Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр бат эрүүдө

Жакынкы күндөрү парламент мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу маселени кеңири отурумунда карамакчы. Анткени Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен мөңгүлөрдү мыйзамдуу түрдө бузууга жол берилет деген пикирлер буга чейин да айтылып келген болчу.

Суу кодексине эмнеге өзгөртүү киргизип жатышат? Анткени, мыйзамды өзгөртүп берип, “Центеррага” мөңгүлөрдү талкалоого жол ачып беришет.

Мыйзам долбоорунун авторлору буга жол бербеш үчүн мыйзамга стратегиялык ишканаларга гана тиешелүү деп жазууга макул болушкан, алардын айтуусунда бул аныктама менен мыйзам Кумтөргө гана тиешелүү болуп чыкмакчы. Анткени стратегиялык ишканалардын тизмесинде азырынча Кыргызстанда мөңгүлүү тоолордо иштеген жалгыз гана Кумтөр бар. Мурдараак, Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн мөңгүлөргө тийип жаткан зыянды аныктоо үчүн атайын эксперттерден, окумуштуулардан турган өкмөттүк комиссия түзүлүп, аталган комиссия Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн өлкөдөгү мөңгүлөр 6% гана жабыркарын аныктаган.

Ал эми эколог Динара Кутманова бул корутунду менен макул эмес. Анын айтуусунда, Европадагы мөңгүлөрдү спутниктен иликтөөчү илимий институт 1998-жылдан 2013-жылга чейинки 15 жылда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү ошол эле аймактагы башка мөңгүлөргө караганда тездик менен эрип жатканын маалымдаган:

- Баш кеңсеси Гренландияда турган илимий институт бизге бул тууралуу сүрөттөрдү да жиберген. Ошол жерден деле көрүнүп турат: Кумтөр кени иштетилген жердеги мөңгү менен андан алыс жайгашкан мөңгүлөрдүн абалы. 15 жылда башка мөңгүлөр 10 метрге эрисе, Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр 30-40 метрге чейин эриген. Алтын казуудан мөңгүлөргө зыян келген жок, деген маалыматтар таптакыр туура эмес.

Ошентип, азырынча Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кароо белгисиз мөөнөткө токтотулду. Айрым эксперттер Суу кодекси Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Кыргызстан менен “Центерранын” сүйлөшүүсүндө белгилүү деңгээлде кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн курал болуп берүүсү ыктымалдыгын да айтышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG