Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстан

Сирияга азгырган адам балдарына кантип паспорт алган?

Иллюстрация

Сирияга адамдарды азгырып жүргөн деп шектелген Өзгөн шаарынын тургунунун балдарына паспорт берилген жагдай териштирилип жатат.

Райондук милиция Камилжан Азамжанов былтыр жыл этегинде, үй-бүлөсү менен сыртта жүргөн кезде төрт баласына паспорт жасатканы боюнча материалдарды топтоп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди. Атайын кызмат бул факт боюнча азырынча комментарий бере элек. Буга чейин Кыргызстанда миңдеген паспорттор мыйзамсыз берилип кеткени ачыкка чыккан.

Жергиликтүү милиция былтыр Сирияга жарандарды азгырып жатат деген шек менен Өзгөн шаарынын тургуну 31 жаштагы Камилжан Азамжановдун сары изине түшкөн экен.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Эсен Ашимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда Азамжанов чет өлкөгө чыгып кеткенге үлгүргөн. Оперативдүү иштердин негизинде, былтыр жыл этегинде өзү, аялы жана балдары да сыртта жүргөн кезде ошол учурда беш, төрт, бир жаштагы жана бирге чыга элек баласына паспорт жасатып алганы аныкталган:

- Жарандарды Сирияга азгырып жүрөт деген шек менен биз анын артынан түшүп изилдей баштаганда ал Орусияга чыгып кеткен. Май айынан бери Кыргызстанда эмес, Орусиянын Свердлов облусунда жүрөт деген маалымат бар. Ыкчам иштердин жүрүшүндө ал төрт баласына паспорт алганы белгилүү болду. Биздин маалымат боюнча, алар Сирияга кетүү үчүн балдарына паспорт алышкан. Алар паспорт алуу үчүн 17-ноябрда документ чогулта баштаган. Бул факт Өзгөн райондук кылмышты каттоо китепчесине 25-декабрда катталды. Топтолгон материалдын баары УКМКга жөнөтүлгөн. Атасы көрсөтмө бергенде аялы менен балдары мурун эле кетип калганын айткан. Паспорт берген кызматкерлер болсо апасы өзү келгенин, нотариустан ошондой кагаз бар болгонун айтып жатышат. Бирок чек арадан текшерткенде аялы бул жакка келген эмес экен.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Камилжан Азамжанов террорчул топтун мүчөсү катары шектелип жүргөнүн билдирди:

- Ал “Жайшүл Махди” уюмунун мүчөсү болгон. Андан сырткары карактоо фактысы боюнча шектелип жаткан.

Суйсал Кадыралиева
Суйсал Кадыралиева

Азамжановдун балдарына паспортторду Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин Паспорт-визалык жана каттоо иштери боюнча Өзгөн райондук бөлүмү берген. Аталган бөлүмдө ошол кезде жетектөөчү адис болуп иштеген, учурда декреттик тыныгууга чыккан Суйсал Кадыралиева бул факт боюнча Улуттук коопсуздук кызматына барып көрсөтмө бергенин “Азаттыкка” тастыктады. Ал документтер мыйзамдуу берилгенин айтууда:

- Ата-энеси тууралуу маалымат, алардын паспорту, нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн алардын макулдугу, жашаган жеринен маалымдамасы менен, бардыгы так маалымат менен төрт балага паспорт жасап бериңиз деп мага келишкен. Ата-энеси келип атса, балдарына паспорт бербейм демек белем? Атасы Сирияда же Сирияга барган дегендерге, алардын балдарына паспорт жасабагыла деген бизде мыйзам жок. Сирияда деп изделгендердин арасында жок экен, даректик бюродо анын маалыматтары чыкты. Кылмыш иши жок экен. Паспорт өзү жок адамга жасалган эмес. Булар мени “сындырып ойнойбуз” дешкен. Мен УКМКга барып жооп бергем, түшүндүргөндөн кийин “болуптур” деп мени жөнөтүшкөн. Ишти жаап коюшкан. Кылмыш ишин козгогудай мен 18ден өткөн жаранга паспорт жасаган эмесмин. Мен балдарга паспорт жасап бергем.

Азыр бул фактыны УКМК териштирип жатат, бирок атайын кызмат кылмыш иш козголуп-козголбогону тууралуу азырынча кененирээк комментарий бере элек.

Буга чейин Ички иштер министрлиги жалпысынан 40 миңдей паспорт мыйзамсыз берилип кеткенин айтып чыккан эле. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев былтыр ноябрь айында камакка алынган.

Кыргызстандын паспортторун ар кандай жолдор, түрдүү ыкма менен мыйзамсыз алгандардын арасында соттолгондор, кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөр, чет өлкөнүн жарандары, кримтөбөлдөрү жана кылмыш топтордун өкүлдөрү да болгон.

Ууланган тамак-аш

Кыргызстанда соңку беш жылда 21 адам тамак-ашка ууланып өлгөн. Алардын дээрлик бардыгы үй шартында консерваланган салаттардан ботулизм илдетине чалдыгышкан. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү мындан улам өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун иликтөөгө алды.

Тамак-ашка уулануу боюнча соңку окуя Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунда катталды.

Кочкордогу дүң соода менен алектенген 15 чакты дүкөнчү 4-январда отуруш уюштурушат. Натыйжада баары тең салаттарга ууланып, алгач райондук ооруканага кайрылган. Ал жерде абалы дурус делген үчөө калып, ак халатчандар калган 12син Бишкекке жөнөтүшөт.

Жабыркагандар салаттын түрүн ылгабай жегендиктен ууланууга козу карын же бадыраң күнөөлүү деп айтууга азырынча эртелик кылат. Кочкордогу отурушта үй ээси, жети айлык боюнда бар аялы менен кошо ууланган. Ал эми Тогуз-Тородо болсо консерваланган помидор, бадыраңдан 9 киши ууланат. Алардын бешөө райондук ооруканада калып, абалы оор төртөөнү догдурлар такси менен Бишкекке жөнөтөт.

Эреже боюнча ар бир райондук ооруканада ботулизмге каршы атайын суюктук же вакцина болуш керек. Тамак-ашка уулануулар күчөп жаткан чакта эмне үчүн Тогуз-Торо менен Кочкордо сыворотка болгон эмес?

Ууланган тамак-аш
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:56 0:00

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча эт, сүт жана башка азыктардын бышканга чейинкисин ветеринардык көзөмөл кызматы, казанга түшкөндөн кийинкисин санитардык көзөмөл кызматы текшерет. Текшерет деп айтууга деле ооз барбайт. Анткени эки кызмат тең тамак-ашка байланыштуу рейд жүргүзүшү үчүн алгач Экономика министрлигинен уруксат алат, андан соң текшерилчү кафе-ресторан же базарга “10 күндөн кийин текшеребиз” деп кагаз жүзүндө эскертүү берет. Анысы аз келгенсип, текшериле турган коомдук тамактануучу жайлардын тизмеси интернет сайтка илинет.

Ууланган тамак-аш (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00

Эшек дүрбөлөңдөрүндө эски-жаңы чоңдордун да аттары аталды. Сокулуктагы чууга каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековдун тиешеси бар экени айтылса, айрым маалымат каражаттары Ноокаттагы эшек бизнесин Жогорку Кеңеш депутаты Төрөбай Зулпукаров калкалай тургандыгын жазышты. Зулпукаров муну каралоо деп баалаганы менен андай маалымат тараткандарды сотко бере элек.

Ууланган тамак-аш (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

Кыргызстанда эшек этине карата ветеринардык же санитардык норма же "узун кулактарды" союу кылмыш деген мыйзам да жок. Ушул себептүү эти арам жандыкты устукандагандар жоопко тартылбай келет. Ит этине деле эч кандай талап жок. Корей ашканаларындагы “чүйгүн тамактар” бакма же жолбун иттин этинен жасалганын эч ким текшере албайт. Эгер тамакка кошулган эт шек туудурса, анын кайсы жандыктыкы экенин тастыктачу лаборатория да жок.

Чакиевге чыккан өкүм талкуу жаратты

Максат Чакиев (Сүрөт Максат Чакиевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев күчөтүлгөн режимде алты жылга кесилди.

Биринчи Май райондук соту Максат Чакиевди алты жылга күчөтүлгөн режимге кесип, сот залынан камакка алды. Ал чет өлкөлүк жаранга күбөлүк берүүдө мыйзам бузган жана ошол ишти жаптырыш үчүн 92 миң сом пара берген деп айыпталып, өткөн жылы кармалган.

Анын жактоочусу Таалайбек Курманалиев мурдагы чиновник күбөлүк берүүгө акысы барын айтып, биринчи берене боюнча иш туура эмес козголгонун белгилейт. Анын оюнча, Чакиев ошол ишти жаптырыш үчүн пара берүүгө аргасыз болгон. Жактоочу мына ушул жерден тергөөчүлөр да жоопко тартылышы керек болчу дейт:

- Анын жумушуна милиция, башкасы келип атышты, текшерип атышты. Чыгымдарды, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун карап, эч нерсе таппады. Анан тиги күбөлүк боюнча Чакиевди коркутуп пара берүүгө аргасыз кылып, кабинетине чакырышкан. Өздөрү болсо камераларды, күбөлөрдү даярдап атайын күтүп турушкан. Ал пара берди деп атышат, бирок, ага чейинки иштерге беркилер жооп бериши керек да. Сот ушуну да эске алышы зарыл болчу. Негизи кылмыш иштерин мыйзамсыз козгоп атышат.

Адвокат Курманалиев бул боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылганын айтты. Чакиевдин иши өткөн жылдагы чуулгандуу саясий окуялардын бири болгон. Коомчулук аны алты жылга соттогон чечимди дароо башка саясатчыларга байланыштуу сот бүтүмдөрүнө салыштырып жиберди.

Маселен, 100 миң доллар пара алып жатып кармалды делген парламентарий Хажимурат Коркмазов бир жарым, ал параны Коркмазовдон алмак делген президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев үч жылга кесилген. Ал эми мурдагы спикер Акматбек Келдибеков коррупция беренеси боюнча айыпталып келип, кайра акталып, дагы бир берене боюнча айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Коомдук активист Гүлжигит Исаков Чакиевди актабасын айтып, бирок, ага чыккан өкүм коррупцияга каршы күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү үчүн чыкты деген ойдо:

- Максат Чакиевдин артында Ташиев же башка саясатчыларга окшогон күч жок. Ошого байланыштуу соттор жагдайды өз пайдасына колдонгулары келди. Көрдүңөрбү, коррупция менен күрөшүп атабыз, биз аябайбыз дегендей кылып. Сот механизмдери баарына бирдей иштеши керек. Бул курмандык эле болуп калды. Баары эле бул саясий чечим экенин байкап турушат.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова аткаминер, саясатчыларга чыккан чечимге саясий да жүйөлөр кошулат деп эсептейт. Ошол эле учурда башка саясатчылардын иши менен акыркы сот чечимин жөнөкөй логикага таяп салыштырууга болбосун мындайча түшүндүрдү.

- Нарымбаев менен Коркмазовдун иши боюнча чечим биринчиден адвокаттардын аракеттеринен улам болду. Экинчиден, бул иш көзөмөлдө болчу да. Ошондуктан соттор жогору жак менен сөзсүз макулдашат. Ошонун негизинде буларды коррупция эмес деп квалификациясын өзгөртүп, көз боёмочулук боюнча кесишпедиби. Чакиевдин адвокаттары антип иштей алган жок, же далилдери күчтүү болуп калды. Эми сот чечимдерин бири-бирине салыштырып болбойт. Жөнөкөй көз караштан алганда бирдей көрүнгөнү менен юридикалык жактан алганда ар бир иштин өзгөчөлүгү болот. Чечим көп жүйөнү эске алуу менен кабыл алынат да. Мен Чакиевди курмандык болуп калды деп ойлобойм.

Канткен күндө да саясатчылардын аброюна, колдоочуларына карап чыгарылгандай болгон айрым чечимдер коомчулукту бир эсе таң калтырып, бир эсе нааразычылыгын жаратууда.

Талдоочулар сот реформасы толук ишке ашмайын мындай талаштар, беренелер башка беренеге тымызын алмаштырылып, жазадан жазгырып жибермейлер улана берерин белгилеп келишет.

Атактуулардын миң түркүн бейнеси

Жогорку Кеңештеги "шерттин" күчү

Мандат тапшыруу аземи. 28-октябрь, 2015-жыл

11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин үч депутатын мандаттан ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Аларды экөө БШКнын чечимине нааразы болуп соттошууга өтүштү.

Мандаттан ажыратууга фракция чечимине макул болбогон бир нече депутаттар буга чейин өз ордуларына кайра келишкени белгилүү. Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар менен фракция лидерлери менен тирешүүлөр, соттошуулар эмне үчун токтобой жатат, ага эмне себеп болууда. “Арай көз чарай” талкуусуна мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов, саясий илимдеринин кандидаты Расул Абазбеков катышты.

“Азаттык”: Депутаттыкка талапкер шайлоого чейин партия лидери менен жазуу, оозеки макулдашуулар, антташуулар аткарылбай калганда, ушундай чечимдерге негиз түзүлүп жаткандай. Депутаттар болсо укугум бузулду деп ыйлап жатат. Бизде мыйзамга караганда оозеки шерттешүүнүн күчү үстөмдүк кылып жаткан жокпу?

Марат Кайыпов: Болуп жаткан окуяларга бир нече көз караш менен баа берсек болот. Биринчиден, Кыргызстан мамлекет катары араң там-туң баскан баладай, мамлекеттик институттар эми араң иштей баштады.

Экинчиден, бир системаны эми араң баштап баратып, кайра парламенттик системага өтөбүз дедик. Азыр арабөк калган абалдабыз, аны президентибиз Алмазбек Шаршенович да өзү да айтпадыбы, бир бутубуз менен президенттик, экинчи бутубуз менен парламенттик мамлекетте турабыз деп.

Парламенттик системага өтөбүз дегенден бери көп башаламандыктар орун алды. 2010-жылы парламенттик шайлоодо көп мыйзам бузуулар болгон, “Бүтүн Кыргызстан” өтсө да өтпөй калбадыбы. Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоо таза болду, ким берген добушун алды, муну туура баалап коюшубуз керек.

Кыргызстанда парламенттик фракция деген түшүнүк мамлекеттик институт катары калыптанып калды. Бирок фракциянын мыйзамдуу, Конституцияда, Жогорку Кеңеш жөнүндөгү мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктары ушул күнгө чейин так аныктала элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы өз демилгеси менен бир дагы арызды карай албайт. Алар фракциядан келген чечимге таянып, эки депутатты мандатынан ажыратып коюшту. Менимче, фракциянын жетекчилерине мыйзам чегинде бийликти берип, ошол эле мезгилде депутаттык мандатты партиянын курултайында чечилиши керек деп бекитип коюшубуз керек. Ал эми шайлоо алдында жазып берген “эгер мен мынча добуш ала албасам депутаттыктан кетем” деген убадалар бир дагы мыйзамда жок.

Ошол эле учурда партиялар мындай мазмундагы убадаларды жаздырып албайт деген да жобо жок. Бул убадалар моралдык гана күчкө ээ. Депутат Элмира Жумалиева БШКнын чечимине нааразы болсо анда сотко кайрылып чечиш керек. Ошондой эл соттошуу жолу менен Жыргалбек Саматов кайра мандатып албадыбы.

“Азаттык”: Түркиянын Стамбул университетинин профессору Хакан Гүнеш "Азаттыкка" курган маегинде “Мен 2010-жылдан кийинки Кыргызстандын Конституциясын жана шайлоо мыйзамдарын билген киши катары баса белгилеп айтарым – депутаттын мандатын күчтөп бирөөгө бердиртүүгө же “сатууга” эч кандай юридикалык жол жок. Бул мыйзамсыз иш", - деди. Расул мырза, өнүккөн, демократиялуу өлкөлөрдө депутаттык мандатты кантип алат, кантип ажыратат?

Расул Абазбеков: Кечээги БШКнын чечими өтө терс көрүнүшкө негиз түзүп салды. Салттуу, өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө мындай жол менен мандатты тартып албайт. Бизде деле эркин мандат деген түшүнүк бар. Ошол эле Германияда, Италияда, Испанияда ушундай салт орун алган. Эркин мандат деген түшүнүк депутат өзүнүн абийирин алдында гана жооп берет. Анын эркинен сырткары мандатты эч ким тартып албайт.

Португалияда болсо эгер депутат парламентке келип, башка партияга өтүп кеткен учурда гана фракциянын чечими менен мандаты алынат. Биздин мыйзамдарда фракция сунуш берип, анан мандатты алып коёт деген түшүнүк жок. БШК чыгарган чечимге партиянын шайлоого чейинки маселелери негиз болсо керек.

“Азаттык”: Партияда, фракцияда ички принциптер, тартип болушу керек. Бирок фракция лидеринин диктатурасы орноп жаткан жокпу?

Марат Кайыпов: Мыйзамдар боюнча карасак, фракция лидеринин депутаттык мандатка тиешелүү укук ченемдери жокко эсе. Менимче күчөтүү керек. Биз парламенттик системага чындап өтөлү десек, анда фракциянын лидерлерине партиянын курултайлары аркылуу укуктарды беришибиз керек. Англиянын атактуу өкмөт башчысы Уинстон Черчилл башка партиянын депутат болуп келип алып, бөлөк партияга өтүп кеткен. Ошол партия аркылуу өкмөт башчы болгон.

Экинчи мисал, азыр атагы чыгып жаткан Франциянын саясатчысы Мария Липен өз атасын депутаттыктан кетире албай, партиянын курултайынын чечими менен кетирген. Ошондуктан биздин мыйзамдарга да партиянын курултайы кайсы бир депутатты мандаттан ажыратуу жөнүндө чечим кылгандан кийин гана Борбордук шайлоо комиссиясына берилет деген жобо киргизишибиз керек.

“Азаттык”: Расул мырза, мүмкүн кандай адам депутат боло алат, мыйзамга өзгөртүү керектир? Демократиясы бар өлкөлөрдө эч убакта бизнестен парламентке келбейт экен...

Расул Абазбеков: Демократиялык өлкөлөрдө депутат болуш үчүн бай болуунун кажети жок. Бизде жаман нерселерден жамына турган институт катары кабыл алып калышты. Бизнести коргоонун бир ыкмасы катары карашат. Фракция лидерлери партияны демөөрчүлөрүнө көз каранды болуп калышты. Алар менен эсептешүүгө аргасыз болушууда. Келечектүү партиялаштарын садага чапканга да мажбур десек болот.

... Биз депутаттык тизме жөнүндө терен ойлонушубуз керек. Бир түзүлгөн тизме менен катуу турушубуз керек, ал шайлоодон кийин эч өзгөрбөй турган болуш керек. Азыркы чакырылыштагылар сөздөн чыкпаган, туугандарын, жакын санаалаштарын топтоп алып отурушпайбы.

Ысык-Көлдөгү кышкы Жомок

Кара майдын сапаты чеке жылытпайт

Иллюстрация

Айрым эл өкүлдөрү май куюучу жайлардагы күйүүчү майдын сапатына байланышкан маселени көтөрүүдө.

Айдоочулар арасында да мыкты делген майдын ордуна сапаты төмөнүн сатып, көз боёмочулук кылган май куюучулар көп экенин айтып, нааразы болушууда.

Асанбек Ишентаев шаарда унаасы менен эл ташып иштегенине көп жыл болду. Тажрыйбалуу айдоочу жаңы үлгүдөгү унааларга сапаты начар май куюлганы дароо билинерин айтат. Ал бензиндин АИ-92 үлгүсүнүн ордуна АИ-80 куюп койду деп шектенген учурлары көп болгону менен кайда арызданарын билбейт:

- Май куюучу жайларды тез-тез текшерип турса жакшы болмок. Азыр ишкерлерге эптеп эле акча табыш керек болуп калды. АИ-92 үлгүсүнүн ордуна АИ-80 куюп койгон учурлар көп эле болот. Ал дароо эле билинет, машине жакшы тартпай калат.

11-январда Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында депутат Сайдулла Нышанов май куюучу жайлардагы күйүүчү майдын сапаты көзөмөлсүз калганын айтып, өкмөттү сынга алды. Эл өкүлүнүн айтуусунда, былтыр да айдоочулар ушул көйгөй менен парламентке кайрылышкан.

- Жаз-күз айларындагы сезон учурунда көпчүлүк май куюучу жайлардагы майдын сапаты талапка жооп бербейт. Маселен, АИ-80 деген бензин АИ-92 деп сатылат. Биз былтыр да өкмөткө тапшырма бергенбиз. Кыргызстандарт текшергенге укугубуз жок дегендей кылып жакшы көзөмөлдөбөйт. Өкмөт муну тез эле жөнгө салмак, бирок көзөмөлдөөчү органдар ошол ишкерлер менен байланышта болуп жатпайбы.

Нышанов бул маселеде “бармак басты, көз кысты” кылып жатат деп көзөмөлдөөчү органдарды күнөөлөйт.

Учурда бензиндин Аи-80 үлгүсү – 33, Аи-92 – 38, Аи-95 – 45 сомдун тегерегинде сатылууда. Кыргызстандагы айдоочулар көбүнчө бензиндин АИ-92 үлгүсү деп, АИ-80ди сатып коёрун айтып келишет. Биринчиден, айдоочулардын чөнтөгүнө чыгым, экинчиден, машине тез бузулары белгилүү. Бишкектеги машине оңдоочу жайлардын биринде иштеген Сагынбек буларды айтып берди.

- Мындай көйгөйгө өзүм деле далай ирет туш болгом. Мага оңдоткону келгендердин арасынан начар майдын айынан мотору бузулган машиналар да толтура. Айдоочулар начар майдан өздөрү эч сактана алышпайт. Болгону май куюучу жайлар таза иштесе дейт элем. Бирок бизде таза иштеген май куюучу жайды таппайсың. Эмне кылабыз, айла жок оңдоп айдай беребиз.

Ал эми күйүүчү, майлоочу май менен иштеген ири компаниялар, май куюучу жайлар мындай дооматтарды четке кагат. Бирок, ошол эле учурда Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов өлкөдө бул көйгөй бар экенин жашырган жок:

- Эми такыр жок деп айта албайм, андай учурлар бар. Чоң ишканаларда бул өңдүү фактылар аз катталат. Себеби алар узакка иштеш керек. Кардарларын жоготуп алуудан коркот.

Кыргызстанда 600дөн ашык май куюучу жайлардын теңи Нефтетрейдерлер бирикмесине мүчө болушкан. Май куюучу жайлардагы күйүүчү майдын сапатын Экономика министрлигине караштуу Кыргызстандарт көзөмөл жүргүзөт. Ал жердегилер кагаз түрүндө арыз түшкөндө гана текшерүүгө алышарын билдирди.

Буга чейин дагы Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын биринде жазылып турган майдын үлгүсү менен текшерүүнүн жыйынтыгы башкача чыгып калганы тартылган видеолор интернетте тараган. Бирок бул маселеге көзөмөлдөөчү органдар тарабынан чара көрүлгөнү байкалбайт.

Камсыздандыруу: жооптон суроо көп

Бишкектин көчөлөрү

Кыргызстанда 7-февралдан тарта автоунаа жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу башталат.

Унаа жана турак жайды камсыздоо дүйнөдө кеңири жайылган көрүнүш. Үйдү өрт чалуу, жер титирөө жана башка табигый кырсыктар болгон учурда үй ээси зыяндын өлчөмүнө жана үйдүн баасына карап тийиштүү акчаны камсыздандыруу компаниясынан алышат. Ушундай эле ыкма унаага карата колдонулуп, машине кырсыкка учураганда компания аны калыбына келтирүүнү өз мойнуна алат.

Кыргызстанда автоунаа жана турак жайды камсыздандыруунун так баасын өкмөт аныктай электигинен улам, жарандарга күн мурунтан камсыздандыруучу фирмаларга милдеттүү баруунун зарылчылыгы жок. Андыктан бир айдын ичинде өкмөт бардык жол-жобону аныктап, 7-февралдан баштап автунаалар менен турак жайды милдеттүү камсыздандыруу кампаниясы расмий башталарын билдирди.

Каржы рыногун жөнгө салуу кызматынын жетекчиси​ Санжар Муканбетов машинелерди эки жарым ай, ал эми турак үйлөрдү төрт айдын ичинде милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү керектигин айтты.

- Биздин эсебибиз боюнча унаалар үчүн эки жарым ай жетиштүү. Өлкөдө миллиондон ашык унаа болгону менен иштебеген унааларды эсептебегенде 700 миңдей унаа камсыздандыруудан өтөт деп турабыз. Ал эми мыйзамда үйлөрдү мамлекеттик компания колго алсын деп жазылган экен.

Унаага - 550 миң, үйгө - 1 миллион сом

Автоунааларды камсыздандыруу жеке компаниялардын колуна берилип, жалпы жонунан онго чукул компания иш алып барары күтүлүүдө. Ал эми турак жайларды камсыздандыруу боюнча бир гана мамлекеттик компания иш алып бармакчы. Каржы рыногун жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Санжар Муканбетов тийиштүү мамлекеттик компания азыркы тапта түзүлүп жатканын маалымдады.

- Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы Юстиция министрлигинен 11-январда гана каттоодон өттү. Бир айдын ичинде компаниянын өкүлчүлүктөрү ар бир облуста ачылат. Келечекте райондордо дагы ачабыз. Эгерде камсыздандыруудан өткөн үй табигый кырсыктан жапа чексе, мамлекеттик компания кайтарымсыз 500 миң сом төлөп берет, шаар жергесинде бул көлөм 1 млн. сомго чейин жетет.

Ал эми машинеси камсыздандырылган айдоочунун унаасы кырсыкка кабылган учурда камсыздандыруучу компания эң көбү 550 миң сомго чейин төлөп берет. “АТМ полис” камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдышев бул акчалар кандайча бөлүштүрүлөрүн “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Жалпы лимит 550 миң сом болот. Эгер жол кырсыгы өлүм менен коштолсо компания 200 миң сом берет, жаракат алгандарга кошумча 200 миң, ошондой эле унааны калыбына келтирүүгө 150 миң сом берилет.

Убакыт тар эмеспи?

Унааларды камсыздандыруу системасы Орусияда 10, Казакстанда 8 жылдан бери иштеп келатат. Коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстан камсыздандыруунун алгачкы этабын эми гана баштаганы турат. Унааны камсыздандыруунун болжолдуу жылдык баасы 3 миң сомдон башталары айтылса, турак үйлөр айыл жергесинде 600, шаарларда 1200 сомдон жогору болору айтылып келатат.

Ал ортодо мамлекет унааларды камсыздандырууга эки жарым ай, турак үйлөргө төрт ай убакыт бергени жетиштүү болбосун ырастагандар арбын. Жаңы кирип жаткан системага коомчулук арасында түшүнбөстүктөр көп болорун транспорт жана курулуш жаатындагы эксперт Ислам Байгараев айтат. Анын ырасташынча, алгачкы процесс бир канча жылга созулушу ыктымал.

- Унааларды камсыздандыруудан өткөрүүнү эбак эле киргизишибиз керек болчу. Эми деле кеч эмес. Бирок биздин коомчулукта “камсыздандыруу кереги жок” дегендер көп болот. Себеби, мындай тажрыйба бизде болгон эмес. “Башы оорубагандын кудай менен иши жок” дегендей, кырсык болмоюнча эч ким түшүнбөйт. Андыктан эки айда баары камсыздандыруудан өтпөйт, буга ылайык өкмөт да убакытты бир жылга чейин узартып берүүгө даяр болушу керек.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 млн. 100 миң машина, 1 млн. турак үй бар. Турак жайларды камсыздоо менен мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 600 млн. сомдон кем эмес акча чогуларына үмүт артууда. Бул акчалар өкмөттүн жаратылыш кырсыгынан жабыркаган үйлөргө берилип жаткан 400 млн. сомдук жылдык чыгымын жабууга жумшалат. Ошондой эле автоунааларды камсыздандырууда жеке компаниялардан түшкөн кирешенин 10 % мамлекетке берилет.

Алганын кайтарбаган фондго эл нааразы

Иллюстрация

Жалал-Абад облусундагы жарандар тобу BARS Kg invest деген аталыштагы коомдук фонддун үстүнөн даттанып, “Азаттыкка” кайрылышты.

Даттангандардын айтуусунда, уюм ири суммадагы кайтарымын бермек болуп 800дөн ашуун кишиден акча топтоп алган. Бирок үч жылдан бери каражат дарексиз болуп жатат. BARS Kg invest жетекчилиги болсо документтик иштердин айынан акча берүү кечеңдеп жатканын, жакын арада маселе чечилерин белгилейт.

Ал арада бул уюмдун “Зекет” деген ат менен белгилүү көзбоёмо фондго байланышы бар деген сөздөр да чыгууда.

BARS Kg invest деп аталган компания кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен уюму болуп эсептелет. Баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан. Ар бир облуста бөлүмдөрү бар. 2013-жылы түптөлүп, “Элди жакырчылыктан чыгаруу үчүн каржылык колдоо программасын" жайылтуу боюнча ишмердик жүргүзүшөрүн жарыялашкан. Маалыматтарга караганда, алар Кытайдан келген каржылык колдоонун негизинде жарандарга он жылдан ашуун мөөнөт менен насыя берүүнү убада кылышкан.

Алдын ала документ иштери үчүн уюмга мүчө болгон кишилерден акча топтолгон. Бир эле Жалал-Абад облусундагы 800дөн ашуун адам 8 миңден 11 миң сомго чейин мүчөлүк төлөм төгүшүп, ишмердик жүргүзүү долбоорлорун сунушташкан. Бул үчүн аларга ири суммада насыя берүү убадаcы берилген.

BARS Kg invest уюмунан каражат алууну үмүт кылгандардын бири - Базар-Коргон районунун тургуну, 55 жаштагы Анара. Ал үч жылдай мурун мүчөлүк акыга 11 миң сом берген. Андан бери насыя алуу аракетинен майнап чыкпай жатканын айтууда.

- Ошол 11 миң сомду өзүмдүн тирилигиме жумшасам болмок экен. Бир эмес, эки иним үй-жайын бүтүрө албай жүрөт, ошолорго көмөктөшсөм болбойт беле. Бир кап ун алып берсем, кыштын күнүндө сооп тапмакмын. Үч жылдан бери чуркатышат. Алар алдамчы экенине быйыл көзүм жетти.

Аталган уюмдун үстүнөн даттангандардын дагы бири - Шамалды-Сай шаарчасында комитет башчы болуп иштеген аксакал Үсөн Султанов. Ал маселени күч органдарына кайрылып чечүүгө камданып жатат. Султановдун эсебинде, уюмдун бир эле облустан топтогон акчасы 10 миллион сомду чапчыйт.

- Жалал-Абаддын өзүнөн эле 800дөн ашуун адамдан чогулган акча орточо 8 миң сомдон чогулганда деле 8 миллиондон ашып атпайбы. Убада кылынган насыядан үч жылдан бери дайын жок. Дагы бир аз күтөлү, балким жакшы тарапка чечилип калар. Айла кеткенде прокуратурага кайрылат окшойбуз. Үмүтүбүз акталар деген ишенимдебиз.

Уюмга 10 миң сом төлөм төккөндөрдүн дагы бири Ноокен районунун тургуну, пенсионер Апия Аманкулова:

- 100 миң доллардан өйдө насыя беребиз деп убада кылышкан. Документтер бүтүп калды деп атышат. Адам үмүт менен жашайт экен. Жаңы жыл алдында Бишкекке лидерлерди чогултуп, дээрлик даяр болуп калган документтерди көрсөтүштү. Аз калыптыр, күтүп туралы.

BARS Kg invest уюмунун төрагасы Абытбек Атабеков сүйлөшүү иштери менен Кытайда жүргөнү маалым болду. Анын орунбасары Өмүрбек Чыныбеков жарандардын тынчсыздануусу негизсиз экенин айтууда. Ал муну документтик иштердин айынан убакыт созулуп кеткенине байланыштырды.

- Документтерди жакында эле кытайча, англисче которуп бүттүк. Бүт кыргыз элинин муктаждыктарын жоюу боюнча программа даярдаганбыз. Ниетибиз түз. Кытай тарап карап чыгып, январь ичи каражатты бөлүүнү убада кылууда. Жумуш аягына чыгып калган кезде айрым кишилердин даттанганы туура эмес. Биздин мүчөлөрдүн ичинен бир-эки эле адамды эсепке албаса, башкалары нааразы болгон жок. Акча берүүгө атайын комиссия да түзүлгөн. Алар жарандардын насыя алуу долбоорлорун дагы бир сыйра карап чыккан соң акча берүүнү баштайбыз. Жашыруун уюм эмеспиз, ачыкпыз.

Чыныбеков ар бир облуста жүздөгөн мүчөлөрү бар экенин бышыктап, азыр жалалабаддагылардын саны 850 экенин, башка облустардагы мүчөлөр такталып жатканын айтты.

Кыргызстанда үч жылдай мурун “Зекет” деген фонд түзүлүп, алар да алдамчылык жолу менен кишилерден акча жыйнаганы ачыкка чыккан эле. BARS Kg invest ошол топтун ишин тымызын улантып жатканы айтылган. Бирок уюмдагылар “Зекет” менен эч кандай байланышы жок экенин, тармактык финансылык уюм деп эсептөө да туура эместигин, жөн гана каржылык ишкана экенин белгилешет. Ал эми тактай келгенде аталган уюмга мүчө болгондорун көбүн “Зекет” фондуна алданган кишилер түзүүдө.

Партиябы же алдамчылар тобубу?

Жолдош Турдубаев

(Парламентаризм урааны жана утурумдук мүдөөлөр)

Сөөктөн өткөрө, чучукка жеткире айтылган сөздөрдү азыркы «элита» түшүнбөйт. Түшүнсө да уялбайт – бети бетондон калың. Мисалы, «күчүң болсо акылдын кереги жок» («сила есть, ума не надо») деген орусча какшык кеп бар. «Заманаң бөрү болсо бөрү бол» деп кыргыз акең да катуу айтып салган.

Азыр акчаң болсо, абийирдин да, намыстын да кереги жок деген эргулдардын заманы болуп бараткандай. Бул, албетте, ким күчтүүлүк кылса, ошонун камчысын чапкан ээрчиме, оома пенделердин деңгээлине туура келет. Бирок улут көчүн баштайбыз деп чыккан, башкалардан мыктыбыз деп шайланган партиялардын кадыр-баркы базардан кийип үйгө жеткенче таманы ажырап калган өтүктөй болуп баратканы өтө өкүнүчтүү.

«Көч башылардын» көздөгөнү эмне?

2010-жылы бийликти алмаштырууга элди ынандырган негизги саясий ураандардын бири – президенттик тутумга салыштырмалуу парламенттик башкаруу кыйла демократиялуу деген жүйө. Жеке адамдын (президенттин) бийлиги калыс болушу кыйын, дээрлик мүмкүн эмес деп Алмазбек Атамбаев менен азыркы Конституциянын демилгечиси Өмүрбек Текебаев далай ирет айтышкан. Алар азыр деле бул идеядан кайта элек сыяктанат.

Дүйнөдөгү саясий өзгөрүүлөргө сереп салган адистер көпчүлүк мамлекеттердин тажрыйбасына таянып, кесипкөй, акылдуу, намыстуу, кыраакы парламент нукура элдик бийликти жүзөгө ашырууга жакшы өбөлгө түзөрүн далилдеп келишет.

Бирок биздин өкүлчүлүктүү бийлик канчалык намыстуу, канчалык таза? Аткаруу бийлигинин үстүнөн элдик көзөмөлдү бекемдөөнүн башкы таянычы делген Жогорку Кеңештин өзүн карөзгөйлүктүн очогуна, мандат соодалаган чайкоо базарга айлантып, бул аркылуу парламентаризм принцибин жаманатты кылууга, жеке бийлик (диктатура) болмоюнча тартип орнобойт деген кыйды «ойду» астыртан элге таңуулашка кимдир бирөөлөр катуу кызыгып калган жокпу?..

Саясий маданият жок жерде

Шайлоодо добуштарды ачык да, тымызын да, бир-бирден да, дүңүнөн («оптом») да сатып алган мыкты чыкмалар мандатты товар катары көрүшөт. Кооз сөздөрдү, дүңгүрөк ураандарды беткаптай пайдаланган шылуундар шайлоодо чачкан каражатын бир нече эселентип кайтарып алуу үчүн баарына даяр.

«Депутат болуп өлсөм арманым жок», - дегендерге чайкоочу партиялар бир мөөнөт аралыгында бир мандатты төрт-беш талапкерге сатып үлгүрүшү мүмкүн.

Мандат соодасы же талашы дээрлик бардык партияларда бар. Айрыкча аты-жыты жок жүрүп, шайлоо башталарда эле чыга калган (мисалы, «Кыргызстан») же «кечүүдөн өткөнгө чейин» учкашкан бир аз «эски» (мисалы, «Республика Ата-Журт») партияларда утурумдук тар кызыкчылыктар оркоюп көрүнүп калууда.

Туруктуу биримдик катары кристалдашууга үлгүрбөгөн, ички ынтымагы, алысты көздөгөн максаты, бийик мүдөөсү жок, утурумдук пайдакечтикке гана негизделген, жасалма топтордун деңгээли, «маданияты» ушул.

Ал эми «Ата Мекен» жана КСДП сыяктуу «аксакал» партияларда мандат соодасы көмүскө жүрөт, алар талаш-тартышты көбүнчө «кол сынса жең ичинде, баш сынса бөрк алдында» дегендей ичкериден тынчытууга аракеттенишет. Бирок булардын да тизмесине сергек көз салып, ар бир депутаттын айтканы менен кылганын салыштырып, баскан-турганын элге толугу менен көрсөтүп туруу абзел.

Козу карын парттизме

Кайсы партиянын адеп-ахлактык баркы, саясий салмагы, интеллектуалдык дарамети канчалык экендигин эл таразалайт. Кимисинин тизмеси канчалык таза? Шайлоо өнөктүгү деген «нөшөрдү» утурлай жамырап чыккан козу карындардын кайсынысы жегиликтүү, кайсынысы уулуу? Же «товардык өң бериш үчүн» аттепек толтурулган себеттин үстүн тазараак козу карындар менен жаап коюшабы? Эл алдында анча-мынча кадыры бар таанымал адамдардын атын тизменин баш жагына жазып, «эшек ылайдан өткөн» соң, аларды «өз арызы менен» кетирип жатышкан жокпу? Же ошол кишилер арам акчага азгырылгандыктан көз боёмочулукка катышканбы?

Мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого, коомдо адилеттиктин кепили болууга чакырылган депутаттар өздөрү баштап мыйзамды бузуп, тебелеп-тепсеп жатса, анда алар жактаган саясий бирикмелерди партия эмес, көз боёмо алдамчылардын, өз ара ыркырашкан адепсиздердин, наадандардын тобу десе жарашат. Буларга караганда ички тартиби, баары тегиз баш ийген эрежелери бар каракчылар өйдө.

Кыстырма: “Кыргызстанда козу карындардын 2100дөн ашык түрү белгилүү, андан ичкери тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. Козу карындардын көбү өсүмдүк илдетин, айрымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз жана башкалар) пайда кылат. Айрымдарынан витамин, антибиотик, лимон кислотасы жана башкалар алынат. Ачыткы козу карындар нан, пиво ачытууда керектелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Айрым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, техникалык өсүмдүктөрдү чиритет”.

Эмне кылуу керек?

Партиялар турмушта тутунган туруктуу позициясы бар санаалаш адамдардын идеялык бекем биримдигине негизделбесе, парламент алдамчылардын чайкоо базарына айланып каларын өз көзүбүз менен көрдүк.

Өзүн сыйлаган, пас мүдөөлөрдү эмес, элге кызмат кылууну көздөгөн партиялар мыйзам бузуучуларды, элге жаман өрнөк көрсөтүүчүлөрдү, коомдук адеп-ахлакка терс таасир тийгизе турган бузукуларды өз катарында бир саат да койбошу керек. Ал эми кара мүртөздүктөн арылуунун ордуна мамлекеттин мыйзам чыгаруу бийлигин жаманатты кылган партиялар толук тизмеси менен мандаттан кол жуугудай кылып, Шайлоо кодексине тийиштүү жоболорду киргизбесе болбой калды.

Ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн кол телефондон тартып диктофон, видеокамера ж.б. каражаттарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти – болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдалануу керек. «Жабык эшик артында» өткөрүлгөн отурумдар жекече же корпоративдик кызыкчылыктарды көздөгөнү аныкталган учурларда уюштуруучуларга жазык чарасы көрүлүп, катышуучуларга административдик жаза берилиши абзел.

Мыйзам чыгаруучулар өкмөттүн ишин толук көзөмөлдөп, парламентте каалагандай пикирин тартынбай айта алышы, бийлиги күчтүү, байлыгы чоң дөөлөрдү сындаганы үчүн куугунтуктан корголушу керек. Ошол эле учурда мыйзам бузган депутаттар башкаларга салыштырмалуу эки эсе катуу жоопко тартылышы, б.а. ыйгарым укукка жараша жоопкерчилик күчөтүлүшү зарыл.

Кимдир бирөөгө жагабы-жакпайбы, кайсы бир күчтөр каалайбы-каалабайбы, акыйкат үчүн эки ирет революция жасаган элибиз эми демократиялык жолдон кайтпайт. Эси жокторду тайраңдатып койбойт.

Жолдош Турдубаев, публицист

Мамытов: Темир жол курулушу керек

Токон Мамытов

12-январда өкмөт башчы Темир Сариев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйдү кабыл алды. Анда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун эни, Кыргызстанда Кытайдын өнөр жай ишканаларын куруу маселеси талкууланды.

Кытай тарап темир жолдун кууш болушун жактоодо. Дал ушул маселе кезинде жолдун курулушун токтотуп келген эле. Эми Кыргызстан Кытай сунушуна көнүш керекпи? Мына ушул жана башка суроолорго мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов жооп берет.

“Азаттык”: Декабрда өкмөт башчы Темир Сариевдин Кытайга сапары учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлбай калган. Маселе жолдун эни кандай болушуна келип такалган. Мурун да бул маселе жолдун курулушун токтотуп келген эле. 12-январда өкмөт башчы менен жолугушууда Кытай элчиси Кытай өкмөтүнүн позициясы мурункудай калып, ал темир жолдун кууш болушун жактарын билдирген. Кыргызстан эмне кылыш керек? Кытайдын сунушуна көнүш керекпи?

Мамытов: Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу демилгеси мындан 17-18 жыл мурун көтөрүлө баштаган. Бирок ошол кезде эле бир-эки чоң маселеге келип такалып калган. Биринчиден, бул жол Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Орусия, Европага чыгып кетмек. Бирок Өзбекстан Кыргызстан менен бирге чечкенге каршы болуп, маселе чечилбей келген. Анан кыргыз-кытай чек арасында вагондордун, тепловоздордун дөңгөлөктөрүн алмаштыруу маселеси чыккан. Анткени Кытайда Европа стандарты боюнча темир жол 1 метр 45 см. Ал эми Кыргызстанда орус стандартына ылайык 1 метр 52 см. Маселе ушуга такалып калган. Андан кийин мурунку транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, азыркы министр Аргынбек Малабаев, премьер-министр баш болуп маселени кайрадан көтөрө баштады.

“Азаттык”: Орусия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун эни СССРдин стандартына ылайык болушун жактаган. Москва бул ирет да каршы чыгып, маселе туңгуюкка кептелбейби?

Мамытов: Буга Москва деле, Казакстан деле каршы чыкпайт. Казакстан бүгүнкү күнү Кытай менен эки темир жол өткөрмө бекетин куруп алган. Алар Европа стандарты менен орус стандартынын карама-каршылыгына караган эмес. Орусия менен Кытайдын ортосунда төрт темир жол өткөрмө бекети бар. Дагы аралашкан өткөрмө бекеттери бар. Анан өздөрү алар менен сүйлөшүп куруп алышып, 15 млн. тонна жүктү өткөрүп атса эчтеке эмес, ал эми Кыргызстан бир өткөрмө бекет ачабыз десе, ага каршы болушу туура эмес. Биздин өкмөт да кылчактабай Кыргызстандын кызыкчылыгына, финансы-экономикалык пайдалуу жагына карап чечиши керек.

“Азаттык”: Кытай азыркы кезде кууш вариантын сунуштап жатат. Ага көнүш керекпи?

Мамытов: Бул жерде оор маселе жок. Бул маселе Орусия, Казакстан менен чечилген. Чек арага чейин Кытайдын кууш варианты менен келип, андан кийин орус стандартына өткөн. Биз да ошол мамлекеттердей чечишибиз керек. Бул жерде чоң экономикалык маселе бар. Быйыл Кытай Шинжаңга 3 млрд. доллар инвестиция жолдоп жатат. Мына ошол үчүн баары жанталашып жатат. Казакстан президенти 2014-жылы “Нурлуу жол” деген программаны кабыл алып, Кытайдын жүгүн Европага ташуу максатында 7 миң жолун 8 млрд. доллар инвестиция кылып салды. Орусия да ушундай жолдо баратат. Биз тайсалдабашыбыз керек.

“Азаттык”: Туура, темир жолдун курулушуна каршылык жок. Бирок Кытай тарап жолдун кууш вариантын сунуштап, Торугартта поезддерди, жүктөрдү алмаштыруу экономикалык жактан чыгашалуу болот, ошондуктан жол кууш вариантта гана болсун деп жаткандай. Биз ага көнүшүбүз керекпи?

Мамытов: Эми кууш варианты болобу, башка болобу - биз эң башкысы туңгуюктан чыгышыбыз керек. Кытай менен Кыргызстан аны чечиш керек. Азыр Кытайдын жаңы Жибек Жолу деп жаткан долбооруна биз да кошулушубуз керек.

БШКны бийлеген "Туй байкенин" ишмердиги

Туйгуналы Абдраимов

Жогорку Кеңештин депутаттарынын мандаты боюнча соңку окуялар БШК, айрыкча анын төрагасы тууралуу да ар кандай кептин чыгышына түрткү болду.

Жакындан билгендер, такай баарлашып жүргөндөр, катыш-билиши барлар "Туй байке", "Туй" деп кайрылышкан кадимки Туйгуналы Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясын бир эмес, экинчи жолу жетектеп жатат. 2006-жылы Балыкчы шайлоо округунан жеңип келген кримтөбөл Рысбек Акматбаевге депутаттык мандат бербей койгону менен коомчулуктун эсинде калган. Былтыр жазында БШКнын эсепсиз чыгымдары боюнча чуу да чыккан. Жалпысынан мурунку бийликтердин тушунда деле жогорку кызматтарда иштеген Абдраимовду президент Алмазбек Атамбаевдин досу деп айтып жүрүшөт.

11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын эки депутатын фракциянын чечиминин негизинде деп мандатынан ажыратты.​ Мандатынан ажыраган депутаттар БШК бул чечимди алардын макулдугусуз чыгарганын айтып, сотко арызданды.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы "Республика" партиясы менен шайланып келген Жыргалбек Саматовдун мандатын эки жолу алып, үчүнчүсүндө кайра берди.

Ушунун баары өз кезегинде БШКнын жана анын жетекчилигинин иши тууралуу түрдүү кеп-сөздөрдү пайда кылды.

Медицинадан саясатка

Туйгуналы Абдраимов чоң саясатка медицина тармагынан келген. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган жана парламенттин депутаты болгонго чейин шаардык, райондук ооруканаларда врач-хирург, бөлүм башчы, бир канча жыл Ысык-Ата райондук ооруканасынын жетекчиси болуп иштеген.

1995-жылы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына шайланган жана ошол эле маалдарда, тактап айтканда, 1996-1998-жылдары саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, 1998-2000-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун башчысы, 2007-жылы жети ай саламаттык сактоо министринин кызматын аркалаган.

Президент Атамбаев менен депутат болуп, парламентте чогуу отурганда ымалашып, достук мамилеси башталганы жана Социал-демократтар партиясынын мүчөсү да болгону айтылып жүрөт.

Абдраимовдун жеке ишкерлик кылган да жайы бар. 2001-2005-жылдары ооруканаларды медициналык жабдуу менен камсыздаган “Дентал системс” деген ишкананы башкарган.

Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп 2002-жылы келген. 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин бийлик алмашканда ага чейин оппозицияга ачык ылым санап келгендиктен, эч тоскоолдуксуз Боршайкомдун төрагасы болуп шайланган. Эки жылдай иштегенден кийин, 2007-жылы Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп кеткен жана бул кызматта 2010-жылы бийлик алмашканга чейин отурган.

Саясий жүрүштөрү

Убагында Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болгон коомдук ишмер Эдил Байсалов “Азаттыкка” курган маегинде эки президентке мандат тапшыруу шыбагасы буюрган Абдраимовдун Алмазбек Атамбаев менен оош-кыйыш мамилеси тууралуу кеп салды.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

- Курманбек Бакиев аны Түштүк Кореяга элчи кылып жибергенде Атамбаев экөөнүн ортосунда таарынычтар болгон. "Сатып кетти" дегендей сөздөр айтылган. 2010-жылдан кийин бул кишини Атамбаев өзүнө көп жолотпой, жакындатпай, Абдраимов өзү деле күнөөсүн сезгендей болуп жакындабай жүргөн. Өзү жакшы билген, көп иштеген БШКга мүчөлүккө “Ар-намыс” партиясы аркылуу шайланган. БШКнын төрагасы болуп шайланганда саясий чөйрөдө "Атамбаевге каршы иштейт, өчүн эми алат, шайлоодо катуу талашып-тартышат" дегендей сөздөр чыккан. Бирок Абдраимов башкача саясий жүрүштөргө барган, Атамбаев анын тилин тапкан.

Абдраимов коомчулуктун оозуна негизи Борбордук шайлоо комиссиясын алгач жетектеп турганда илинген эле. Март ыңкылабынан кийин президенттик шайлоо маалында Урмат Барыктабасовду Казакстандын жараны деген жүйө менен талапкер кылып каттабай койгон. Бул калайман нааразылык акциялар менен коштолгон.

Бир жылдан кийин кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болуп өлгөн бир тууган агасы Тынычбек Акматбаевдин ордуна Балыкчы округунан депутат болуп шайланганда мандат бербей койгон. Бул окуядан көп узабай эле Рысбек Акматбаевди белгисиз адамдар атып кеткен.

Шек келтирген мандат талаш

“Ар-намыс” фракциясынан депутат болгон Бөдөш Мамырова апрель ыңкылабынан кийин Абдраимовдун Борбордук шайлоо комиссиясына аталган фракциянын атынан кантип барып калган жагдайын жакшы деле билбейт экен. Бирок депутаттардын мандатына байланышкан соңку окуялардан улам анын ишин сынга алды:

Бөдөш Мамырова
Бөдөш Мамырова

- Бул же тигил кызматка “Ар-намыс” фракциясынын атынан баргандардын көбү эле партияга да көлөкө түшүрдү, фракцияны жаманатты кылды. БШКнын айланасында болуп жаткан азыркы ызы-чуу, мандат бөлүштүрүү, мандат чырын мен такыр түшүнбөй турам. Бир да бийлик системасында мындай болгон эмес. Биз жаман деген, үй-бүлөлүк башкаруу, тууган-туушканы аралашкан, мыйзамдуулуктан тайган деп кетирген Акаевдин да, Бакиевдин убагында да БШКнын мындай чуусу болгон эмес.

Мурунку депутат Жылдыз Жолдошева да убагында БШКда иштеп кеткен. Анын пикиринде, Абдраимов коом алдындагы жоопкерчилигин сезбей жатат:

- БШК эгер ушундай иштей берсе өлкөнү тополоңго алып келип коюшу мүмкүн. Буга чейин БШК ушундай мыйзамды бузуп, өзүнүн хандык бийлигин орноткону үчүн төңкөрүштөр болгон. БШК өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек. Жеке өзү тууралуу айтсам, Абдраимовдун адам катары жакшы дагы жактары бар. Анча-мынча адамдар менен мушташам деп да турат. Эгер ал Атамбаевдин досу экени чын болсо ага сөз тийгизбеш үчүн жоопкерчилиги он эсе экенин сезиш керек.

Туйгуналы Абдраимов "мандат талаш партиялардын ички иши, кааласа атышсын, БШКнын буга эч бир тиешеси жок" деген таризде өз позициясын билдирген жайы бар.

Былтыр жазында БШКнын чыгымдары боюнча чуу чыккан эле. Май айында жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке жана саясий партиялардын лидерлерине кайрылып, БШКнын эсепсиз каржылык чыгымдары боюнча чара көрүү тууралуу кайрылуу жолдогон болчу. Анын алдында БШКнын ошол кездеги мүчөсү Ишенбай Кадырбеков Абдраимов төрага болгондон бери миллиондогон сом каражат негизсиз жумшалып жатканын айтып чыккан болчу.

Анын эсебинде, чет өлкөлүк сапарларына, кымбат баалуу унаасына жана башкага кеткен чыгымдардын баарын кошкондо Абдраимовго ай сайын 200-250 миң сом, ал эми жылына 2,5 - 3 миллион сомдой акча коройт. Көп учурда бизнес-класс менен учат жана кызматына тиешеси жок айрым сапарларда да болгон.

Кадырбеков ошондой эле шайлоо комиссиясында иштебеген адамдардын чет өлкөгө чыккандагы чыгымдары төлөнүп берилгенин, БШКга тиешелүү унааны башка адамдар айдап жүргөнүн, бөтөн эле адамдардын телефонунун акчасы төлөнүп калган учурлар болгонун, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин жана күбөлүктөрүн даярдоо үчүн акча чогултулганын жана ушул сыяктуу башка да фактыларды ачыкка чыгарган болчу.

Абдраимов өз кезегинде бул дооматтардын баарын четке каккан. Анын досу, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов Абдраимов тууралуу дооматтарды негизсиз деп эсептейт:

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- Ал принципиалдуу, сабаттуу жигит. Экинчи ыңкылаптан кийинки негизги саясий окуялардын баарына катышты. Президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун өткөрдү. БШК тараптан мыйзам бузуу, мүчүлүштүк болгон жок. БШК, анын төрагасы тууралуу дооматты уга элекмин.

58 жаштагы Туйгуналы Абдраимовду жакындан билгендер маселени шарт чечкен өткүр, беткечабар, ошол эле учурда кызуу кандуу, чоң муштум катары мүнөздөшөт. Ал Чүйдүн тыңчыкмаларынын сап башында жүрөт жана аймактагы кадр саясаты, кадр маселелери анын кеп-кеңеши, таасири аркылуу чечилет деген сөздөр бар. Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Илмиянов менен маал-маалы менен чай ичишип турары да айтылып жүрөт.

Туйгуналы Абдраимов Кыргызстандын тарыхында болбогон окуя - депутатка мандат берип, кайра алып, кайра бергени менен да эсте калды. Жогоруда айтылгандай, "Республика" партиясы менен шайланып келген Жыргалбек Саматовду эки ирет депутат болуу укугунан ажыратып, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы ага кайрадан депутаттык мандатын тапшырды. Бирок БШКнын буга чейинки карама-каршы жана күтүүсүз чечимдерин эске салган Саматов ушуну менен биротоло депутат болуп калаар-калбасына дагы деле ишене албай турган чагы.

Кордолгон майып кыз акыйкаттык издейт

Кордолгон майып кыз акыйкаттык издейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Парламентке көө жапкан мандат талаш

Алдыңкы катардагылар "Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мандатынан ажыратылган "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары сотко кайрылды. Алар депутаттык мандаттары мыйзамсыз алынганын айтышууда.

БШК эки депутатты "Кыргызстан" фракциясынын чечиминин негизинде мандаттарынан ажыратканын айткан. Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын жетекчилиги бул чуулгандуу маселе боюнча ак да, көк да дей элек. Журналисттерге маалымат берүүдөн да качышууда.

Байкоочулар бул көрүнүш өлкөдө саясий маданияттын жоктугун айгинелеп, парламенттеги айрым фракциялардын жана депутаттардын деңгээлин көрсөтүп койду деген пикирде.

11-январда күтүүсүз эле мандатынан ажырап калган эл өкүлү, Биринчи Май райондук сотуна кайрылган Чолпон Эсенаманованын айтымында, алар депутат болгондон кийин кайра кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан эмес. Бирок шайлоо алдында кандайдыр бир арыз, оозеки макулдашуу болгонун жарым-жартылай эстеди:

- 26-августта мени партиялаштарым чакырып, "арызды жаз, болбосо тизмеден чыгарабыз" деп коркутушканынан "жетиштүү добуш алалбасак өз ыктыярыбыз менен чыгып кетебиз "деп жазганбыз. Азыр ошол арызга датаны койдум беле же койбодум беле эстей албай жатам. Бирок мен жетиштүү добуш алгам, Чүйдөн алты жарым миңден ашуун добуш алгам.

“Кыргызстан” фракциясынын сунушу менен БШК Элмира Жумалиеваны да мандатынан ажыраткан. Ал да буга нааразы болуп, укугу тебеленгенин айтууда.

Ошондой эле "Кыргызстан" фракциясы дагы бир мүчөсү Урмат Ишенбековду да катарынан чыгарууну сунуштаган болчу. Анын маселесин БШК азырынча карай элек. "Кыргызстан" депутаттарын катарынан четтетүү чечимин 22-декабрда кабыл алган экен. Жогоруда аты аталган үчөө ал жыйынга катышпаптыр.

Фракциянын Канат Исаев баштаган лидери, анын орун басарлары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми мүчөсү, депутат Чолпон Султанбекова мындай дейт:

- Бул маселе боюнча комментарийди лидер гана бере алат. Бул маселе менин компетенцияма кирбейт.

"Кыргызстан" фракциясындагы атын атагысы келбеген булактын айтымында, алардын катарынан жакынкы арада дагы бир-эки эл өкүлү чыгарылышы мүмкүн экен.

Мыйзамды атап өткөн лидерлер

Конституцияда депутат кайсы учурда мандатынан ажырары так жазылган. Ага ылайык, фракция депутатты зордоп мандатынан ажырата албайт. Депутат өз арызы менен гана кызматынан кете алат.

Мыйзамды кыйгап өтүүнү көздөгөн лидерлер дал ушул арызды шайлоонун алдында жаздырып алышып, датасын кийин коюп, Боршайкомго алып келип, чатак ушундан жаралууда.

Бул схема мурдараак “Республика Ата-Журт” фракциясынын мандат талашында маалым болгон. Андагы кээ бир депутаттар сот аркылуу ордун сактап калса, айрым талапкерлери азыркыга чейин депутат болуу аргасын издеп жүрөт.

"Республика Ата-Журттун" мүчөсү Жыргалбек Саматов буга чейин Боршайком менен соттун ортосунда бирде мандат алып, кайра ажыратылып, бул көрүнүш эки үч жолу кайталанган соң 11-январда акыры мандат алды. Бирок Саматов депутат болгонуна азыр деле көп ишенбей турган экен:

- Чынын айтсам, азыр эми күбөлүк алып, ант бергенден кийин эле депутат болдум деп айтпасам, ага чейин бир нерсе деш кыйын болуп турат...

"Көрүнүш улана берет"

Саясат талдоочулар, айрым депутаттар мандат маселесинин бул чакырылышта өзгөчө маселеге айланганын саясий маданияттын калыптанбаганына байланыштырат. Мурдагы юстиция министри, депутат Алмамбет Шыкмаматов:

- Эл шайлаган парламенттеги партиялар азыр чабалдыгын көрсөтүүдө. Биринчиден, аларды эл кийинкиде шайлабай коюшу керек. Мансаптын, мандаттын айынан бири-бириңерге көө жаап, бардык жаман нерселерге барганга даяр экенсиңер деп шайлоочулар айтышы керек. Экинчиден, мандатынан ажыратуу арызын жазган депутат БШКга арызын өзү алып бара тургандай эреже киргизүү керек.

Ал эми саясат талдоочу Эмил Жураев бул көрүнүштү жеткен уят иш деп баалап, кандайдыр бир реакция болмоюн бул көрүнүш фракциялар, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан улана берерин айтат:

- Олуттуу реакция болуп, маселеге сот киришип, чекит койгондо гана бул көрүнүштөр токтойт. Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын да жоопкерчилигине баа берилиши керек. Алар депутатты мандатынан ажыратууну эрежеге ылайык так жүргүзүшү зарыл.

Бул арада парламенттеги башка фракциялар дагы ушул жол аркылуу тизменин аягындагы шайлоодо катуу иштегендерге, кабелтең акча чачкандарга орун бошотуу аргасын издеп жатканы айтылууда.

Сулуулар сынагы балдар эсебинен акча табабы?

Сынактан бир көрүнүш

Бишкекте кенже класттын окуучулары "мисс", "мистер" наамы үчүн ат салышкан сынактарды педагогдор балдардын табиятына туура келбейт деп сындап жүрүшөт.

11-январда Алексей Филатовдун продюсердик борбору өткөргөн сулуулар сынагында музыканын коштоосунда улууларды туурап кийинип, боёнуп алган кичинекей көчөт кыздар жана балдар сахнадан ары-бери шайдоот басып өтүп, бийлеп жатышты.

“2016-жылдын кичинекей сулуу кызы жана келбеттүү мырзасы” конкурсуна катышууга кырктан ашык окуучу келиптир. Алардын басымдуу бөлүгү башталгыч класста окуйт.

Сынактын жыйынтыгында ийгиликке жетишкен жеңүүчүлөрдүн бири, 5-класстын окуучусу Сезим бизге бул сынакка кантип катышып калганын айтып берди:

- Мектепте кастинг болду. Ошол жерден тандалып келдим.

- Конкурска катышканга кандай даярдык көрдүң?

- Чачымды жасалгалаттым, көйнөк алдым, макияжга бардым.

- Бул конкурстан кандай таасир алдың? Эмнени үйрөндүң?

- Мага чоң сахнага чыгып өзүмдү көрсөткөнүм жакты...

Дагы бир номинацияны утуп алган жеңүүчүнүн апасы Чынара кызын бул сынакка катыштырууга канча каражат жумшаганын кеп кылды:

- Макияжына эки миң, чач жасалгасына бир жарым миң жумшадым. Көйнөгүбүз бар болчу. Албетте акча кетет. Бирок бала үчүн бул анча деле көп чыгым эмес.

Чынара ар бир баланын ата-энеси бул сынакка катышуу үчүн Алексей Филатовдун продюсердик борборунан таалим алганын, ага айына беш миң сомдон төлөгөнүн айтты. Бирок эне жумшалган каражатка өкүнбөйт. Себеби кызы сынакка катышууга машыга баштаган кезден бери өз оюн тартынбай айтканды, эл арасында өзүн эркин сезгенди үйрөнгөн.

Анткен менен мектеп жашындагы кенже балдар арасында өтүп жаткан мындай сулуулар сынактарын коммерциялык максатты көздөйт деп сынга алгандар деле аз эмес. Маселен, “Баластан” студиясынын продюсери Кундуз Аманованын айтымында, шоу-бизнесте ушул өңдүү долбоорлор менен акча тапканды адатка айландырган бир нече топ бар:

- Жергиликтүү деңгээлде өткөн сулуулар сынагынын келечеги жок. Анткени жеңген таланттуу балдарды чет мамлекеттерге алып барып, андан ары чоң сынактарга катыштырбайт. Андыктан мындай конкурстарды уюштуруучулар тыйын табуу үчүн эле өткөрүшөт десек болот. Тарбиялык мааниси тууралуу да эч нерсе деп айта албайм. Бир байкаганым, балдардын өз жашына ылайык келбеген сүйүү ырларын ырдаганы ар бир эле көрүүчүнү ыңгайсыз кылат. Мисалы, Филатовдун продюсердик борбору балдардын ата-энесинен балдарыңардын фотосессиясын жасайбыз, теледе сүйлөгөндү үйрөтөбүз деп акча табат дешет.

Аманова мектеп жашындагы кыздардын боёнуп алып сахнага чыкканын сынга алды.

Бул сынакты өткөрүп жаткан Алексей Филатов сын-пикирлерди четке кагып, жогорудагыдай конкурстар аркылуу өз максаты үчүн умтулган жаш лидерлер өсүп чыгат деп ишенерин билдирди:

- Биз бул балдар кенедей кезинен эле өз дараметине ишенип, ийгиликке жетсе болорун билип өссө деп ойлойбуз. Мисалы, кеченин жүрүшүнөн өзүңүз байкаган чыгарсыз, чынында биз наристелердин көңүлүн көтөргөнгө, алардын максатына болгон умтулуусуна шык берүүгө жан дилибизди арнадык. Калыстар тобу жыйынтыгында балдардын ар бирине байгесин берди. Сынакка катышкан 42 баланын ар бирине өзгөчө көңүл бурулду.

Филатовдун пикиринде, наристелер үчүн жумшалган арзыбаган каражат алардын адам болуп калыптануусуна зор өбөлгө болот.

Абдыкерим Муратов
Абдыкерим Муратов

Педагогика илиминин доктору Абдыкерим Муратов ата-энелер кенже балдарга ылайык келбеген мындай долбоорлорго каражат жумшоо менен балдарына туура эмес тарбия берип жатат деп ойлойт:

- Буга педагогикалык, мектеп коомчулугу, ата-энелер, аялдар уюмдары каршы тура албай, аларга бөгөт коё албай, сынактын уюштуруучулары биздин турмушка активдүү аралашып кетти. Чынында ар бир бала сулуу да. Ар бир кызды даярдоо үчүн ата-энеден канчалаган каражат кетет! Мындай конкурстар биздин улуттук менталитетке да туура келбейт. Элдик педагогикада кыргыз кызы сахнага дене-мүчөсүн көрсөтөйүн деп чыккан эмес.

Муратовдун айтымында, ата-энелер балдарын сулуулар сынагына караганда, дүйнө таанымын өстүрүү жаатында уюшулган сынактарга же спорттук мелдештерге катыштырса болмок.

Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Назгүл Мусаева мектепке караган жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери өткөрүп жаткан ар бир сынак министрликтин көзөмөлүндө болгонун, ал эми жеке менчик чыгармачыл уюмдар өткөрүп жаткан сынактарга, окуу курстарына катыштыруу же катыштырбоо жоопкерчилиги ата-энелердин өзүндө экенин айтты.

Токтонасыров: өкмөт өзүмбилемдикти токтотсун

Токтонасыров: өкмөт өзүмбилемдикти токтотсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Элетти эки жаат кылган шайлоо

Базар-Коргон

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылдык кеңешке төрага шайланышына байланыштуу жергиликтүү депутаттар менен аялдардын тобу 6-январь күнү жаатташып, жаалданган тарап жаңы төраганын улутуна асылып, кызматтан кетүүгө мажбурлашкандыгы тууралуу маалымат тарады.

Айыл өкмөт башчысы окуянын улут аралык мамилеге тиешеси жоктугун айтса, этностор аралык мамилени жөнгө салуу агенттиги жагдайга укуктук баа берилиши зарылдыгын билдирүүдө.

Райондун Базар-Коргон айылдык округунда 6-январь күнү орун алган араздашууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилени жөнгө салуу агенттиги иликтегени жатат.

Агенттикке чыр-чатакка кириптер болгон жергиликтүү депутаттар кайрылганын уюмдун райондогу коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Эмил Досов билдирди:

- Буга чейин райондо мындай окуя катталган эмес. 6-январда гана Базар-Коргон айылдык кеңешинде орун алды. Бул жерде улут аралык мамиле деп сүрөттөөгө болбойт. Ал жерде эки адамдын, эки кызматкердин гана ортосундагы пикир келишпестикти өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатышат. 6-январда ошол жерде жыйын болот деп мага да айтышкан. Бирок мен барсам болбоптур, кечирээк өтүптүр. Ал жерде улут аралык маселе көтөрүлүптүр деп айтышты. Мага ал жактагы депутаттар да кайрылды. Маселе бул бойдон калбашы керек. Мен өзүмдүн атымдан агентикке жана укук коргоо органдарына кайрылам, териштирип көрүшү керек. Алдын алып койбосок болбойт, кийин ырбап кетиши мүмкүн.

Маселе айылдык кеңештин төрагасын шайлоодон улам келип чыккан. Айылдык кеңештин мурдагы башчысы өз каалоосу менен жумуштан кеткендигине байланыштуу жаңы төраганы шайлоо 25-декабрга белгиленген. Бирок Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыр Жолчуев ал күнү өкмөттүк жыйынга катышарын негиз кылып, сессияны жылдырып турууну өтүнгөн. Бирок көпчүлүк депутаттардын макулдугуна ылайык сессия ошол эле күнү өтүп, жаңы төрага шайланган.

25-декабрдагы бул шайлоонун мыйзамдуулугун текшерүүнү сурап, кийинчерээк аялдар тобу райондук прокуратурага кайрылышкан. Анын негизинде 6-январда райондук прокуратура жолугушуу уюштуруп, ал жерде жаалданган аялдар менен депутаттар ортосунда кайым айтышуу болгон. Соңунда төрага Шакир Шарипов өз каалоосу менен кызматын тапшырууга аргасыз болгон. Учурда бул багытта териштирүү жүрүп жатканын прокуратурадан билдиришти.

Арызданган аялдардын бири Даткайым Мамашева мажбурлоо жана чыр-чатак болбогонун айтты:

- Шакирди биз төрага болгонун жаны жылда эл алдына чыгып куттуктаганда көрүп нааразы болдук. Эмне үчүн 2010-жылы бир тууган иниси коогалаңга тиешелүү деп камалса, 2013-жылы айылдык кеңеште төрага болуп туруп мыйзамсыз иштерди алып барып кызматтан кеткен? Кайра анан төрага болуп келгени көпчүлүктүн нааразылыгын жаратты. Ошол себептүү биз айыл өкмөткө келсек прокуратурага кайрылуубузду эскертти. Биз ал жакка кат жаздык. Улут аралык маселе бул жерде көтөрүлгөн жок. Арабызда өзбек тектүү аялдар да бар болчу. Ал өз каалоосу менен гана кызматтан кетерин айтып арыз жазды.

Жаңы шайланган кызматынан баш тарткан депутат Шакир Шарипов "Азаттыкка" интервью берүүнү каалаган жок.

Жергиликтүү кеңештин атын атагысы келбеген депутаты бул аракеттердин артында айыл өкмөт башчысы Абдыкадыр Жолчиев турарын билдирди. Ал сессияга катышпай калганына нааразы болуп, өз кишисин алып келүү максатында жаалданган аялдарды уюштурду дейт. Бул пикирди айыл тургуну, энелер коомунун мүчөсү Кадича Орозбаева да бышыктайт.

- Айыл өкмөттүн башчысы Жолчиев уюштуруп жатат. Аялдарды да ошол жалдап алып келген. Депутаттар арасындагы ынтымакты бузууга ошол киши кызыкдар. Былтыр да ушундай иштер менен алектенген, бирок биз эч нерсе деген эмеспиз. Эми келип 30 жылдан бери иштеп келаткан Шакирдин үстүнөн жалаа жаап, куугунтуктаганы туура эмес. Улук аралык мамилени айыл өкмөт өзү козгоп жатат. Эгер бул боюнча барса жарака ырбап кетиши мүмкүн. Ошол себептүү айыл өкмөт башчысы мындай аракеттерин токтотсун.

Айыл өкмөт башчысы Абдыкадыр Жолчиев бул окуяга эч кандай тиешеси болбогонун ырастайт:

- Төраганы шайлоого айыл өкмөтүнүн башчысы да катышуу керек болчу. Бишкек шаарында өкмөттүк жыйын болгондуктан мен төраганын милдетин аткаруучудан аны жылдырып турууну сурангам. Ал баарына айтып 28-декабрга жылдырган болчу. Бирок мен Бишкек шаарында жүргөн кезде кээ бир депутаттар келип сессияны өткөрүшүптүр. Макул, 21 депутат катышып мыйзамдуу эле өткөрүп, жаңы төрагасын шайлап алышыптыр. Жаңы жыл майрамында жаңы төрага айылдыктарды чыгып куттуктаганда тургундар арасында ага карата нааразычылык пайда болуп анан мага келе баштады. "Мен эч нерсени чечпейм" десем прокуратурага кайрылышыптыр. Бул жердеги маселе ошол. Менин бул жагдайга эч кандай тиешем жок. Уюштурду деп жаткандарга кошулбайм.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү болсо араздашуулар боюнча жарандар кайрылбагандыгын, 6-январдагы жолугушуу тынч өткөнүн билдирди.

Аталган айыл өкмөттө 38 миңден ашык калк жашайт. Айылдык кеңештеги 31 депутаттын жетөө кыргыз жана калганы өзбек улутундагы жергиликтүү калк өкүлдөрү.

Окуучунун бейбаштыгы - тарбиянын күзгүсү

Бишкек. Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Жаңы жыл алдында, кийин да Кыргызстандагы бир нече мектептин окуучулары ортосунда жаңжал чыгып, эки өспүрүм өмүр менен кош айтышты. Ага чейин да массалык мушташтар болуп,  бир нече окуучу жабыркаган.

Кийинки кезде өспүрүмдөр арасында мындай чыр-чатактардын тез-тез тутанып турушуна эмне себеп болуп жатат? Аны алдын алуу жана болтурбоо үчүн мамлекет, мектеп, ата-энелер жана коомчулук кандай чараларды көрүшү керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева, Улуттук илимдер академиясынын гуманизмди иликтеген улуу илимий кызматкери Токтоке Жумагулов жана “Альтернативаларды алга жылдыруу” коомдук уюмунун клиникалык психологу Перизат Асылбаева катышты.

“Азаттык”: Гүлшан айым, психологдордун иликтөөсү боюнча, өспүрүмдөр арасындагы агрессия же бири-бирин жек көрүүчүлүктүн эң башкы тамыры - татыксыз тарбия экен. Билим берүү министрлигинин ушул тармак боюнча иштеген жооптуу кызматкери катары сиз себебин эмнеден көрөсүз?

Гүлшан Абдылдаева: Биринчиден, бул баланын үй-бүлөдө көргөн тарбиясынын натыйжасы. Анткени бала тарбияны үй-бүлөдөн гана алат.

Азыркы турмуштун көйгөйүнөн улам ата-энелер балдарына таптакыр көңүл бурбай калышты. Ал эми мугалимдердин тарбия беришине 1990-жылдары тыюу салынган. Ага мугалимдер балдардын укугун басмырлап, зордук-зомбулук көрсөтүп жатат деген кинелер себеп болгон. Ошон үчүн мугалимдер окуучуга катуу сүйлөбөсүн, үстөмдүк кылбасын деген талаптар 2005-жылы мыйзамга киргизилип, тарбия берүүгө чек коюлган.

Тилекке каршы, мугалимдердин тарбия ишине дыкат киришпегендигинен, интернетте жана массалык маалымдоо каражаттарында зордук-зомбулук тууралуу маалыматтар көп болгондугунан улам балдардын көз карашы терс жакка өзгөрүлүп баратат.

Андан тышкары балдар зордук-зомбулук мүнөздү үй-бүлөсүнөн калыптандырып алып жатышат. Мисалы, өгөй ата, өгөй энелерди айтпай эле коёюн, өзүнүн эле атасы кол салган, энелери сабаган, бир туугандары кордогон учурлар көбөйүп кетти. Демек, мындай көрүнүштүн түпкү тамыры үй-бүлө.

“Азаттык”: Токтоке мырза, сиз көп жыл бою педагог болуп иштеп, гуманизмди иликтеп жүргөн адам катары өз көз карашыңызды айтсаңыз, балдар арасындагы агрессия коомдогу көрүнүштөрдүн туундусу болуп жатабы же жаран катары тарбиялоодо мамлекеттик деңгээлде калпыстыктын натыйжасын көрүп жатабызбы?

Токтоке Жумагулов: Бул жалпы коомдун оорусу, себеби кийинки кезде тарбияга таптакыр көңүл бурулбай калды. Бир эле мисал, мурда атайын педагогикалык жогорку окуу жайларында окутуучу гана эмес, педагог тарбиячы деген билим берилчү.

Тарбия оңой нерсе эмес, анын дагы өз мыйзам ченемдери бар. Конституциянын долбоору боюнча талкуу жүрүп жатканда мен өз демилгем менен министрликке атайын барып, тарбияны билим берүүдөн бөлүп коюу таптакыр туура эмес, деп кайрылгам. Анткени окутуунун башкы максаты – баланы жашоого тарбиялоо да. Мисалы, жапондор улуттук дух, европалык билим берүү деген система менен тарбиялайт. Натыйжада өлкөсү өнүгүп, элинин духу күчтүү.

Ал эми бизде ааламдашуу доорунда интернет, ММК аркылуу ар кандай жосун-жоруктарды көргөн балдарга мектепте алардын жаман-жакшысын айтпай, тарбия берген жери жок, сабагын берип кете беришет. Тарбияны кандай берүү ченемдерин мугалим билет, элдин баары эле тарбиячы эмес.

Угарман: Мен Ийри-Суу деген айылдан чалып жаткан 83 жаштагы карыямын. Билим берүүгө 1945-1955-жылдардагы ыкманы кайра киргизиш керек. Себеби азыркы билим берүүдө мугалимдердин да, окуучулардын да милдети аныкталбай калды. Мурун 4-7-9-классты бүткөндө мамлекеттик экзамен алынчу. Сыноодон өтпөй калгандар көчүрүлчү эмес жана балдардын тартиби каралчу, мугалимдердин да таалими бааланчу.

“Азаттык”: Гүлшан айым, мен өткөн жылы үч-төрт ай айыл жеринде болуп, мугалимдер, бала бакчанын кызматкерлери менен аңгелемелештим. Чынын айтсам, менин мугалим билим жана тарбия башаты деген көз карашым өзгөрдү. Көп мугалимдер, айрыкча жаштар, мугалимдик ишти келечек муунга билим берип, тарбиялайын деген жоопкерчилик менен эмес, эптеп иштеп айлык алайын, окууну бүтүп кетишкенден кийин эмне болсо ошо болсун деп иштеп жүрүшкөндөрүн көрүп, чочудум. Мындай улуттук деңгээлде коркунучту пайда кылган кырдаалдын алдын алуу зарыл го?

Гүлшан Абдылдаева: Токтоке агай туура айтып жатат, тарбия менен билим берүү эриш-аркак жүрүш керек. 2011-жылы бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, министрлик 2012-жылдан баштап тарбия боюнча окуу бөлүм башчы жана социалдык педагог кызматтарын кайра киргизген. Бирок, азыркы кезде үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйдү. Тарбиянын үч эле түрү бар. Алар үй-бүлөдөгү, мектептеги жана көчө тарбиясы. Эгер ата-эне менен мектеп тарбиялабаса, көчө тарбиялап кетет. Ал эми баланын жүрүш-турушу үй-бүлөдөгү тарбиянын күзгүсү.

Токтоке Жумагулов: Мен азыркы учурдун талабы менен улуттук тарбияны айкалыштыра беришибиз керек. Биздин улуттук тарбияны эске албасак, улуттук мүнөздү калыптандырбасак болбойт да.

“Азаттык”: Перизат айым, психолог катары бири-бирине бычак ала чуркаган балдардын көбөйүшүнө, эч кимден ыйбаа кылбай, жоопкерчиликтен коркпой жатышына эмне себеп жана мындай мүнөздү токтотуу учүн эмне кылышыбыз керек?

П.ризат Асылбаева: Биринчиден, өспүрүмдөрдүн курактык өзгөчөлүгү болот. Алардын бойлору өсүп, өздөрүнө чоң кишилердей мамилени күтүшөт, алардын пикири менен эсептешүүнү каалап калышат. Эгер ата-энелери же мугалимдери буйрук бергендей сүйлөшүп мамиле кыла беришсе мүнөзү бузула боло баштайт. Алар ата-энелеринин же мугалимдеринин тилин укпай, тескерисинче теңтуштарынын сөзүн угушат.

“Азаттык”: Перизат айым, психологиядагы илимий изилдөөлөр агрессивдүү өспүрүмдөр зордукчул мүнөздү үй-бүлөсүнөн алат, ошон үчүн өздөрүн эч качан агрессивдүү деп эсептешпейт, алардын мүнөзүн өзгөртүү үчүн психологиялык оюндар жана сырдашуулар зарыл, деген бүтүмгө келишкен. Демек, Кыргызстандагы ар бир мектепке психолог зарылбы?

Перизат Асылбаева: Ооба, ар бир мектепте психолог оюндарды өткөрсө балдар арасында биримдик күчтүү болот. Анан балдар интернеттеги зордук-зомбулукту көргөн сайын өздөрүн ошондой элестетип, өздөрүн күчтүү көрсөткүлөрү келип жатышат. Балдарынын мындай мүнөзүн ата-энелер байкап, акырын жөнгө салбаган учурда мүнөзүн көчөдөн чыгаргысы келет. Ошон үчүн мыйзамга ата-эненин милдети менен укугунан тышкары жоопкерчилигин да киргизүү зарыл болуп турат. Мисалы, акыркы окуя түнкү саат экиде болду. Түнкү экиде баласы кайда жүргөнүн ата-эне эмне үчүн тескебейт?

Токтоке Жумагулов: Мен сизге макул эмесмин. Биз мыйзам менен кырдаалды оңдой албайбыз. Ата-эненин баары эле тарбиячы эмес. Бул милдетти эң ириде мугалим алышы керек. Анткени, мугалим өзү психолог, өзү педагог. Ал үчүн мамлекет мугалимге гана жакшы көңүл буруп, иштешине жакшы шарт түзүшү керек. Ошондо мугалим ар бир окуучуга жеке мамиле жасап, кайдыгер карабай калат. Андан тышкары ММК идеологияны жакшыртып, тарбиялоого абдан жакшы көңүл бурушубуз керек. Эң башкысы - тарбияны тарбияланган адам гана жүргүзүшү керек.

Гүнеш: Дүйнөдө мындай "мандат сатуунун” укуктук мисалы жок

Жогорку Кеңештин жыйыны, 28.10.2016.

11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан эки, “Ата Мекенден” бир депутатты мандатынан ажыратты. Фракциянын чечими менен мандатынан ажыраган депутаттар сотко кайрыларын билдиришти.

Стамбул университетинин саясат таануу жана шайлоо системалары боюнча профессору Хакан Гүнеш "Азаттыкка" курган маегинде кыргыз парламентиндеги депутаттардын мандатын мөөнөтүнөн мурда тартып алуу боюнча фракциянын чечимин кескин айыптап, дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө мындай тажрыйба жоктугун айтты.

Хакан Гүнеш: Мен 2010-жылдан кийинки Кыргызстандын Конституциясын жана шайлоо мыйзамдарын билген киши катары баса белгилеп айтарым – депутаттын мандатын күчтөп бирөөгө бердиртүүгө же “сатууга” эч кандай укуктук жол жок. Буга мүмкүн эмес, бул мыйзамсыз иш.

Ошондой эле дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө депутаттардын мандатын “саткан же сатып алган” мисал жок. Түркиябы, Германиябы, Португалиябы, Аргентинабы, либералдуу демократиясы бар же азыраак либералдашкан демократиясы бар өлкөбү - эч бир жерде парламенттеги орунду сатууга же сатып алууга жол берген шарт жок.

Ал эми парламенттин ичинде бир депутаттын экинчи бир партияга өтүп кеткен мисалдары бар, ал кеңири эле таралган көрүнүш. Маселен, Түркияда башкаруучу партияга жетиштүү мандат тийбей калганда парламенттеги башка партия мүчөлөрүн өз катарына тартуу үчүн алар менен сүйлөшүп, акча берип же паралаган учурлар болот.

Бул депутаттын мандатын парламентке кирбей калган башка талапкерге сатуу эмес экенин кайталап коёюн.

"Азаттык": ​Гүнеш мырза, Кыргызстандын парламентинде депутаттар мандатын фракция же партиянын жетекчилигинин басым-кысымы менен тапшырып жатканын айтышууда. Ал тургай айрымдары мандаттан баш тартпайм, деп каршы болууда. Бул партиянын ичиндеги саясий коррупция же базардагыдай чайкоочулук сыяктуу көрүнбөйбү?

Хакан Гүнеш: Өткөн жылдын октябрь айында шайланып келип мандат алган депутаттар дээрлик эки айдан бери парламентте отурушат, туурабы? Эл аралык тажрыйбада Борбордук шайлоо комиссиясы парламентке өткөн депутаттарга мандат берер алдында кайсы бир учурда гана депутат болчулардын тизмеси өзгөрүшү мүмкүн.

Анан парламентке келип кайсы бир мезгилге чейин отуруп, анан мандатын тизмеде кезек күткөн кийинки партиялашына берип кетип калуу мүмкүн эмес. Бул шайлоонун логикасына карама-каршы келет. Анткени эл партиянын тизмесине карап, андагы турган талапкерлерге добуш берет да.

Эл шайлаган чечимди эл гана өзгөртө алат. Андай өзгөрүү жаңы шайлоо аркылуу гана ишке ашат. Мен студенттерге “Шайлоо демократиясы” деген курсту окуйм жана сиз айткандай мисалды бир дагы жерден кездештирген жокмун. Эл аралык практикада мындай мисал деги эле жок.

"Азаттык": Кыргызстандагы партияларга анализ жасаганда алардын кантип түзүлгөнүнө токтолобуз. Партиянын саясий тарыхына, жетекчилигине, мүчөлөрүнө – туурабы? Өзүңүз билгендей, учурда Жогорку Кеңеште шайлоого үч ай калганда пайда болгон, саясатта эмес бизнесте жүргөндөр түзгөн партиялар бар. Бул учурда парламенттеги партия жетекчилери саясий бийликти өз кызыкчылыгына гана пайдаланып, колдонуп жатат деп айтууга канчалык негиз бар?

Хакан Гүнеш: Кыргызстандагы электоралдык система дүйнөдөгү мыкты делген мисалдын бири боло алат. Жалпы элдик шайлоодо ар бир партия ар бир облустан, ал тургай ар бир райондон жетиштүү добуш алуусу керек, аялдарга, башка улуттарга, жаштарга берилген квоталар системанын өркүндөтүлгөнүн көрсөтөт. Бир дагы партия Жогоку Кеңеште 65тен көп мандат ала албайт, демек, көп партиялуу системанын иштеши үчүн эң сонун шарттар түзүлгөн.

Ал эми саясий коррупция менен сиз айткан чайкоочулук – шайлоо мыйзамдарында жок жана эч ким мындай болуп кетерин алдын ала билген дагы эмес. Албетте, Кыргызстандын шайлоо тарыхына сереп салсак, Акаевдин, Бакиевдин башкаруусунда болобу эл деле тааныбаса дагы байлар же акчалай колдоосу барлар депутаттыкка талапкер болушчу. Бирок алардын баары тең парламентке келип, депутат болуп отура алышкан жок.

Ал эми сиз айтып жаткан, Кыргызстандын азыркы парламентинде болуп жаткан иштер – тактап айтканда, иштеп жаткан депутаттын мандатын алып туруп, аны тизмедеги башка бирөөгө берип коюу Кыргызстандын соңку тарыхында болбосо керек. Минтип депутатка эки айдан мандат берип, анан кайра алып, башка кишиге тапшыруу уланып отурса, “мандат саткан” партиялар кийинки бир-эки жылда 18-20 жаңы депутатка мандат берер. Бирок бул иштер сотко барып такаларынан күмөнүм жок.

“Мандат сатууну” беш жыл бою улантуу эч мүмкүн эмес, ал тургай түшкө кирбеген нерсе. Кыргызстандын Жогорку Соту буга жол бербейт. Президент Атамбаев дагы мындайга макул болбойт деп ойлойм. Анан эң башкысы - мындай иштер Конституцияга каршы келет. Мен кыргыз парламентинде эмне болуп жатканын окуп алып, таң калып отурам. Гүлайым, мен эмне деп комментарий берүүнү дагы билбей турам.

"Азаттык": ​Хакан мырза, парламенттеги партиялык жетекчилердин ушундай жүрүм-туруму элге кандай таасир калтырат? Элдин таза шайлоодон күткөнү орундалбай, анан бара-бара нааразылыкка жеткирбейби?

Хакан Гүнеш: Мен мындай иштерге сот туура чекит коeт деп ишенип турам. Эгер сот, башка мамлекеттик органдар тиешелүү чара көрбөсө – албетте, массалык нааразылык чыгат. Бул болсо бийликти өзү билгендей колдонуп, мыйзам бузган парламенттеги партияларды кууп таркатууга жеткирет. Албетте, элдер аларга ишенип добуш берген, анан парламентте тескери иштер болсо, эл нааразы болот, көчөгө чыгат.

Мени тынчсыздандырган нерсе – ошондой маалда сырттан чагымчылык болуп, кырдаалды курчутпайбы? Кыргызстан буга чейин мындай чукул бурулушту эки жолу башынан өткөрдү. Менин дагы айтарым – башкаруучу партия, мамлекеттик институттар саясий бийликти өз кызыкчылыгына колдонгондорду токтотушу абзел. Эгер алардын ага кудурети жетпесе, анда эмнени болсо дагы күтүүгө болот.

"Азаттык": Кыргызстан Борбор Азияда парламенттик башкарууга өткөн биринчи өлкө, жаңы системаны киргизгенде коңшулардын бир топ сынына кабылган. Жогорку Кеңешке жаңы келген мыйзам чыгаруучулардын чечими, жүрүм-туруму өнүгүп келаткан системанын беделин түшүрөт деп айтсак болобу?

Хакан Гүнеш: Постсоветтик аймактын ичинен Кыргызстан менен Грузия парламенттик системаны киргизген өлкөлөр. Андыктан мурдагы эски системадан парламенттик башкарууга өткөн Кыргызстандагы башкаруунун жаңы формасы үзүрлүү иштеши керек – бул өтө маанилүү. Мурдагы советтик аймакта, анын ичинде Борбор Азияда демократиялык институттарды куруу өтө солгун. Күчтүү президенттик башкаруу жарандык институттардын өнүгүшүнө такай бут тосот. Сиз айткандай Борбор Азияда парламенттик системаны сындоо күч, айрыкча түркмөн, өзбек, атургай казак бийликтери дагы парламенттик башкарууну жактырбайт, бул эч кимге жашыруун эмес. Алар парламенттик башкаруу коомдо туруксуздук жаратат деп негиздеп жүрүшөт.

Эгер Кыргызстандагы жаңы башкаруу системасы иштебей кулап калса, аймактагы темирдей күчтүү президенттик башкарууну жактаган бийликтердин табасы канат. Кыргызстан ушул тапта оор сыноодон өтүп жатат жана парламенттик системаны ийгиликтүү жолго салып кетет деп ишенгим келет. Анткени жарандык коом, адамдардын саясий аң-сезими бир топ алдыга кеткен жана бул парламенттик системаны өнүктүрүүгө бекем пайдубал болуп бере алат.

"Алтын-Кендеги" талашка чекит коюла элек

Талды-Булак-Сол жээк кени жайгашкан жер.

Чүйдөгү кытайлар иштеткен Талды-Булак-Сол жээк кенинде жумушчулар маяна боюнча жамааттык келишимдин шарттарына жетекчилик көнбөй жатканына байланыштуу 11-январда бир саатка иш таштады.

Аталган кенди казууну “Алтын-Кен” компаниясы жүргүзөт. Жамааттык келишимдеги муктаждык болгон учурда маянага акча кошуп берүү шартына жетекчилик макул эместигин айтып, маселе жакын арада чечилет деп ишендирүүдө. Эгер бул шарт аткарылбаса, 21-январдан тарта жумушчулар мөөнөтсүз иш ташташарын эскертишти.

Талды-Булак-Сол жээк кенин иштеткен “Алтын-Кен” ишканасындагы жамааттык келишим 2015-жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Андагы шарттарда маянага индексациялык төлөм кошуу, тагыраак айтканда, муктаждык болгон учурда айлык акыга кошумча акча бөлүү маселеси каралган.

Кендин кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Таалай Кудусов алгач жетекчилик бул шартка макулдугун билдирип, кол коюуга келгенде баш тартып коюшу жумушчулардын нааразылыгын жаратканын айтууда:

- Буга чейин аталган макулдашуу боюнча үч-төрт жолу сүйлөшүү жүргүздүк. Баарында макул болушкан. Акыркы сүйлөшүүдө Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунан да адистер катышкан. Кол коюуга келгенде баш тартып атышпайбы. 14-январда дагы бир жолу сүйлөшүүгө аракет кылабыз, болсо болду, болбосо мөөнөтсүз иш таштайбыз.

Кенчилер дүйшөмбү күнкү иш таштоосуна жетекчиликтен эч ким чыгып алардын талабын укпаганына да нааразы болушууда.

“Алтын-Кен” ишканасынын 60 пайызы кытайлык компанияга, 40 пайызы кыргыз өкмөтүнө караштуу “Кыргызалтын” ишканасына таандык. Жетекчиси кытай жараны. Кенде 1006 жумушчу иштейт. Алардын 90 пайызы кыргызстандыктар.

Ишкана жетекчилиги документтеги шарттарга макул болбоонун себептерин ачык айткан жок. Директор орунбасары Умар Изабаев бул маселе ишкананын ички иши болгондуктан, аны коомчулукка чыгаруу зарыл эмес деген ойдо:

- Бул компания жетекчилиги менен кесиптик кошуун ортосундагы маселе. Азырынча чечимин таба элек. Тез арада чечилет. Коомчулукка айтуунун зарылдыгы жок.

Эмгек кодексине жумуш акыга индексация киргизүү шарттары камтылган. Эгер керектөө өсүп, муктаждык пайда болгон учурда ишканада жамааттык келишим түзүлүп, жумушчулардын айлыгына белгилүү суммада каражат кошулат.

Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун төрага орунбасары Алмаз Жакыпов мындай келишимдер бардык кен казуу уюмдарында бар экенин билдирип, ал эки-үч жылга түзүлөрүн айтты:

- Кумтөрдө да, Макмалалтында да ушундай келишимдер бар. Андай келишим сөзсүз түрдө түзүлөт. Эки-үч жылга түзүлүп, шартка жараша улам жаңыланат.

Талды-Булак Сол жээк алтын кени Чүй облусундагы Орловка шаарчасына жакын тоолордо жайгашкан. 1995-жылдан тарта Малайзиянын, Австралиянын жана Казакстандын компаниялары казып, 2011-жылы иштетүү укугу кытайлык Superb Pacific Limited компаниясына өткөн. Кендин расмий ачылышы 2015-жылдын 29-июлунда болгон. Аны иштетүүгө жергиликтүү эл каршылык билдиргенде, өкмөт бул ишкананын Кыргызстандын экономикасындагы ролу салмактуу экенин айткан.

Кенди иштеткен компания 2011-жылдан тарта Кыргызстандын казынасына 500 миллион сом салык төлөгөн. Толук кандуу ишке киргени жылына 400 миллион сом салык төлөй баштары божолдонгон.

Талды-Булак-Сол-Жээк кенинде 70 тоннадан ашык алтын, 60 тоннага чукул күмүш запасы бар.

ЖК: мандатын алдыргандардын ызасы

Жогорку Кеңеш

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан эки, “Ата Мекенден” бир депутатты мандатынан ажыратты.

Буга өздөрү жазган арыз жана фракция чечимдери негиз болгону айтылууда. Бирок “Кыргызстан” партиясынын депутаттары муну укук бузуу деп сыпаттап, чечимге каршылыгын билдирип чыгышты.

БШК парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынан Жоомарт Сапарбаевдин, “Кыргызстан” фракциясынан Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын депутаттык мандаттарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимди бүгүн кабыл алды. Буга эл өкүлдөрүнүн арызы жана фракциялардын сунушу негиз болгонун “Азаттыкка” БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров айтты:

- Жоомарт Сапарбаевден мандатты өзүнүн арызынын негизинде алдык. Берки эки депутат фракциянын сунушу менен мандатынан ажырады. Парламенттеги фракция расмий орган болуп эсептелгендиктен, биз аны карап, тийиштүү чечим чыгарышыбыз керек.

Ал ортодо “Кыргызстан” фракциясындагы мандатынан ажыратылган депутаттар БШКнын чечимине нааразы болуп чыгышты. Элмира Жумалиева алардын мандаты күч менен тартылып алганын “Азаттыкка” айтты:

- Биз депутаттык ишибизди тапшырган жокпуз. Бул нерсе биз укук тебеленген мамлекетте жашап жатканыбызды тастыктап койду. Маселени териштирип, ушул тапта БШКда жүрөбүз.

Мандаты алынгандар эми сотко кайрылууну көздөп жатышат. Алардын ордуна кимдер келери маалым эмес.

Кабарларга караганда, “Кыргызстан” фракциясы дагы бир мүчөсү, депутат Урмат Ишенбековдун мандатын да мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушун киргизген. Бирок БШК анын ишин кароону кийинкиге калтырды. Ишенбеков да мандатын тапшырууга эч кандай арыз жазбаганын билдирген. Бул боюнча аталган партиянын жетекчилиги азырынча комментарий бере элек. Фракциянын катчылыгы кийинчерээк маалымат таратыларын айтты.

Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев

“Атамекенчи” Жоомарт Сапарбаев болсо өз каалоосу менен депутаттыктан кеткенин “Азаттыкка” бышыктап, буга өзгөчө деле себеп болбогонун айтты:

- Ооба, арыз жаздым. Мындан ары өзүмдүн жеке иштерим менен алектенейин деп жатам.

Сапарбаевдин ордуна Абдимуктар Маматов депутат болуп келери маалымдалды.

Парламенттик шайлоонун алдында айрым талапкерлер тизмеге эл көзүнө кошулганы, жетекчиликтин каалоосу менен бир-эки ай депутаттык креслодо отуруп, анан ордун башкаларга бошотуп берери тууралуу сөздөр чыккан. Андай талапкерлердин арасында Жоомарт Сапарбаевдин да аты аталган болчу.

Саясий серепчи Элмира Ногойбаева парламенттеги бул орун алмашууларды базардагы соодага салыштырып, мындай абалда парламентаризм өнүкпөй турганын кошумчалады:

- Акыркы өзгөрүүлөр парламентаризмге такыр окшобойт. Бул - саясий соода. Шайлоо алдында тизме түзүлгөн кезде айрым талапкерлерге эл ишеним арткан. Адамдарга убада беришкен. Бирок азыр саясатчылар үчүн ишенимди актоо эмес, депутаттык орундарды өз билгениндей калчоо маанилүү болуп турат.

Үч депутатты мандатынан ажыратуу боюнча чечим чыгаруу менен катар БШК “Республика Ата-Журт” партиясынан парламентке депутат болуп келип, бирок талаштуу жагдайлардан улам иштен алынган Жыргалбек Саматовго 11-январда кайра мандат берди.

Келдибековдун сотуна депутаттар чакырылат

Акматбек Келдибеков

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун иши карай баштады.

Райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча экинчи инстанцияга анын адвокаты да, мамлекеттик айыптоочулар да доо арыз менен кайрылган эле.

Өткөн жылы 12-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-спикерди жарым-жартылай соттогон болчу. Анда Келдибеков Салык кызматын жетектеп турганда коррупцияга жол берген деген айып боюнча акталган. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы маалында кызмат абалынан аша чапкан деп табылып, үч миллион сом айып пул салынган.

Бишкек шаардык сотто 11-январда Акматбек Келдибековдун жактоочулары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарын күбө катары сотко чакыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Алардын арасында Өмүрбек Текебаев, Ширин Айтматова, Жоомарт Сапарбаев, Райкан Төлөгөнов, Равшан Жээнбеков, Хажимурат Коркмазов, Азиз Суракматов, Акылбек Жапаров, Дастан Бекешов, Талант Мамытов сөзсүз болушу керектиги белгиленди.

Парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу токтом көпчүлүк добуш менен кабыл алынгандыктан 61 депутаттан кем эмеси күбө катары өтүшү, ошондой эле Аида Салянова мурунку баш прокурор катары сотто көрсөтмө бериши керектиги айтылды. Сотто бул өтүнүч канааттандырылды.

Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров прокуратура райондук сотто жетиштүү далил келтире албаганы үчүн экс-спикер акталышы керектигин айтууда:

- Райондук сотто прокурорлор Жогорку Кеңештин депутаттарынын көрсөтмөлөрүнө сын көз караш менен кароо керек деп сурашканда, анын негизинде сот депутаттардын көрсөтмөлөрүн далил катары кабыл албай койду. Ал эми эмнеге сын көз менен карашы керек дегенге жооп жок. Мисалы, Азимбектики туура эмес, ал эми Акматтыкы туура, ошондуктан Азимбектин көрсөтмөсүнө сын көз караш менен караш керек дегендей жооп болуш керек да. Райондук сот ушундай калпыс өкүм чыгарды. Ошондуктан биз бул өкүмдү жокко чыгаруу үчүн экинчи инстанцияга арыздандык.

Башкы прокуратура райондук соттун чечими жумшак болуп калды деп эсептейт жана мамлекеттик айыптоочулар Келдибековду он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкү конфискацияланышын сурап жатат.

11-январда Бишкек шаардык сотто мурунку депутат Курманбек Осмоновду коомдук жактоочу катары ыйгарым укугунан ажыратты. Бул иш райондук сотто каралып жатканда Осмонов коомдук жактоочу катары парламенттин 5-чакырылышындагы “Ата-Журт” фракциясынын атынан келгенин, азыр бул фракция жоктугун жана өзү да депутат болбой калды деген жүйө келтирди. Осмонов ал фракциянын каты күчүн жоготту деген судьянын дооматын четке какты.

Кийинки сот процесси 19-январда болот жана анда күбөлөрдөн көрсөтмө алуу башталмакчы.

Орус медиасы ордун бекемдөөдө

Өкмөт 6-январда коомдук талкууга койгон “Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы массалык коммуникация тармагында кызматташуу жөнүндө” келишимдин долбоорун интернеттеги барагынан алып салганын билдирди. Анын себебин өкмөттүн юристтери бул документ талкууга жатпайт деп негиздешүүдө.

Орусиялык айрым маалымат каражаттарына өзгөчө макам берүүнүн түпкү максаты эмне? Аны ишке ашырууда Кыргызстандын алар олжосу, уттурары эмне? “Арай көз чарай” талкуусуна медиа-эксперт Нарын Айып жана социология илимдеринин кандидаты, саясий серепчи Самар Сыргабаев катышты.

"Азаттык": 6-январда коомдук талкууга коюлган келишимдин долбоору интернеттен алып салынды. Өкмөттүн юристтери "бул документ талкууга жатпайт болчу" деген бүтүмүн айтып чыгышты. Демек аталган келишим мындан ары талкууланбай эле кол коюлат десек болобу?

Нарын Айып: Бул документке кол коюлат. Мындай нерсе Кыргызстанда 1996-жылдан бери уланып келатат. Аскар Акаев президент болуп турганда ОРТ же Орусиянын азыркы "Биринчи каналы", РТР телеканалдарын жана “Маяк” радиосунун толкундарын Кыргызстандын аймагында таркатууну өз мойнубузга алганбыз.

Андан кийин 2007-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда да кол коюлуп, жылына 10 миллион сомду орусиялык телеканалдардын сигналдарын таратканга бөлүп турган. Кийинки жылдары ал акча жетпей калганбы, айтор 50 миллион сомго чейин бөлүнүп келген.

"Азаттык": Ошол акча Кыргызстандын бюджетинен төлөнгөнбү?

Нарын Айып: Албетте, ал акча КТРКнын бюджети аркылуу төлөнчү, алардын кассасына түшпөй эле сигналдарды таратып жаткан мекемеге (РПОРМТР) түз которулчу.

"Азаттык": Кыргызстандын маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова Орусия бизге бекер берип келгенин айтып жатпайбы...

Нарын Айып: Бул жерде эки нерсе чаташтырылып жатат. Урматтуу министрдин орун басары, акча контент үчүн эмес, акча сигналдарды жеткириш үчүн төлөнүп жатат. Ала-Тоонун ар кайсы аймактарына жеткириш үчүн төлөнүп жатат. Ал үчүн “Азаттык”, “Би-Би-Си” да төлөйт. Айнура айым айтып жаткан бекер деген сөз, ооба, Орусия контентти бекер берип жатат. Бирок ал жерде кубаттуу, күчтүү пропаганда кетип жатпайбы.

"Азаттык": Самар мырза, бул кырдаалды Орусиянын кызыкчылыгынан карап көрсөк, чакан Кыргызстанда аларга мынчалык жан үрөгөнгө эмне түрткү берүүдө?

Самар Сыргабаев: Орусия 2000-жылдан бери бул жаатта катуу иштеп жатат. Медиа мейкиндигинде таасир көрсөтүү максатында, маселен 2005-жылдан бери дүйнөгө өз кызыкчылыгын таркатып туруучу Russia Today деген телеканал түзүшкөн. Ага өлкө бюджетинен миллиондогон долларды инвестиция кылып жатышат. Рейтинги күн санап өсүүдө. Би-Би-Си, СNN сыяктуу дуйнөлүк ири маалымат каражаттары менен тең тайлашып калды. Бир жарым миллиарддан ашык жазылуучулары бар.

Ал эми Кыргызстанда Орусиянын телеканалдарын салттуу түрдө мурдагы совет доорунан бери ата-энелерибиз да көрүп келишкен. Орусиянын өз каналдарына өзгөчө статус берүү ниети бүгүнкү дүйнөлүк маалымат согушу маалында объективдүү эле көрүнүш десем болот. Орусия ушундай жол менен өзүнүн геосаясий кызыкчылыгын, пландарын ишке ашыргысы келет.

"Азаттык": Албетте, Орусиянын Борбор Азияда кызыкчылыгы бар. Бирок бизден чоң, аймагы кең кошуна мамлекеттерде абал кандай?

Самар Сыргабаев: Биздин кошуналарыбыз Казакстан, Өзбекстан, тескерисинче, Орусиянын каналдарына чектөөлөрдү киргизүүгө аракеттерди көрүп жатышат. Бул Кыргызстандагы саясий системанын өтө эле лоялдуу, жумшактыгынын өтө жогору чекке жеткени десек болот.

"Азаттык": Келишимдин долбоорундагы 6-пунктунда тараптар Орусиянын “Биринчи канал-Бүткүл Дүйнөлүк желе” жана “РТР-Планета” каналдарынын өнүгүшүнө кошумча шарттарды түзөт деп жүрөт. Анын төркүнүн кандай түшүнсөк болот?

Нарын Айып: Кыргызстан санариптик системага өтүп кетсе, алар башка жеке каналдар сыяктуу эле төлөп калат да. Ошондуктан бекер көрсөтө турган социалдык пакетке киргиси келип жатат. КТРК сыяктуу эле киргиси келүүдө. Анткени Орусиянын “Биринчи канал” жана "РТР-Планета" каналдары эң күчтүү пропагандалык каражаттары деп эсептелет.

Самар Сыргабаев: Социологиялык изилдөөлөргө таянсак 2013-жылы Орусиянын 1-каналы менен РТР каналдарынын Кыргызстандагы бир күндүк аудиториясы бир жарым миллион адамды түзөт экен. Ал эми биздин КТРдин бир жумалык аудиториясы 2 миллион адамды түзөт. Орусиянын эки каналынын бир жумалык аудиториясын алсак 2 миллиондон ашат. Мунун өзү Орусия каналдарынын канчалык деңгээлде таасирдүү экендигин көрсөтүп турат.

"Азаттык": Деги Кыргызстан сырт дүйнө менен маалыматтык алмашуу тармагында башка чет өлкөлөр менен иштеш керекпи? Бул тармакта кандай саясат болуш керек?

Нарын Айып: Албетте барыш керек. Бирок азыркыдай Орусиянын кызыкчылыгына белчесинен батып алгандай эмес да.

Самар Сыргабаев: Дүйнөдө мамлекеттер ортосунда маалыматтарды алмашуулар, айталы программалар, кинолорду, агартуучу көрсөтүүлөрдү бири-бирине берүү боюнча тажрыйбалар бар. Бирок бул документте алмашуу жөнүндө так жазылган эмес...

Нарын Айып: Кыргызстан аскерий жагыбы, экономикалык, маданият жагыбы Орусияга өтө эле көз каранды болуп калды.

Самар Сыргабаев: Орус каналдарына өзгөчө статус деп жатабыз, бирок бул убакка чейин эле өзгөчө орунда болчу. Жалпы үлүшү боюнча алсак алардын орду аябай жогору.

Орто-Сайдагы контейнер талаш

Орто-Сайдагы контейнер талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

Ууланган тамак-аш

Ууланган тамак-аш
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG