Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 12:55

Кыргызстан

Дубайда кыргыз келин кулчулукка сатылды

Алинанын баласы менен түшкөн сүрөтү

Кыргызстандык 27 жаштагы үч балалуу келин Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарына иштегени кетип, сексуалдык кулчулукка кабылганы маалым болду.

Ушу тапта келиндин апасы жардам сурап акыйкатчыга кайрылды. Декабрь айында Дубайга сапар алган келин барары менен эле адам саткан кылмыш тобунун колуна түшкөн.

27 жаштагы Алина Шадыканова күйөөсү каза тапкандан кийин чиедей үч баласы менен баш калкасыз калган. Апасына балдарын бактырып коюп, мындан мурда Түркияда кичине иштеген.

Кыргызстандын көпчүлүк жашоочуларындай эле келин "үйүм болсо" деп кыялданчу. Ал тургай Бишкектеги жатаканалардын биринен бир бөлмө алып, жарым акысын төлөп да койгон. Дубайга бейтааныш бирөөлөрдүн чакыруусу менен үч баласын апасына таштап, 23-декабрда учуп кеткен.

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Түркиянын Анталия шаарында мажбурлап сойкулук менен иштетип жаткан жерден качып чыккан. Ал мындай кырдаалга иш издеп барып, алданып калган.

Бирок барган күнү кечинде эле аны чакыргандар сойкулук кылууга мажбурлашкан. Алинанын апасы Анара Кыдыкеева кызы алыска айла жоктон кеткенин айтты:

- Түркияга барайын десе, ал жакта жардыруулар көп болуп жатпайбы. Анан Дубайга кеткен. Барганда чалып, "жакшы эле жеттим" деген. Түнкү клубда бийчи болуп иштемек. Кечинде ишке чыгайын десе, чакырган кыз "сойку болосуң" деп айтып экөө уруша кетиптир. Кызымды аябай катуу сабашыптыр. "Колум сынып, шишип кетти" деп ыйлап чалган. Андан бери кабар жо. Ыйлай берип, карегим соолуп калмай болду.

Кулчулук торуна түшкөн келин апасына бир ирет гана телефон чалууга үлгүргөн. Андан бери канчалык күтсө да кызынан кабар албаган эне азыр бир бөлмөлүү батирде үч небересин жалгыз багып жатат. Айтымы, кылмыш тобу кызынан 180 миң доллар талап кылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Алинаны Дубайдын полициясы менен чогуу издеп жатышканын билдирди.

- Издөө иштерин Дубайдагы Кыргызстандын консулу өзү жүргүзүп жатат. Шаардын өзүндө жана ага жакын жайгашкан калаалардагы негизги полиция бөлүмдөрүнө, өлүкканаларга, ооруканаларга Алина Шадыканова аттуу кыргыз жараны түшкөнү же түшпөгөнү тууралуу маалыматтар такталып жатат. Бирок эч кандай кабар болгон жок. Мындан тышкары консул Дубай полициясынын башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту. Окуянын чоо-жайын айтып, келинди таап берүүсүн өтүндү.

Экинчи дагы бир версия: ал кыз башка мамлекетте болушу мүмкүн. Коңшу Түркия, Египеттеги дүйнөлүк адам соодасы менен алектенген кылмыштуу түйүндөрдүн колундабы деген да божомол бар.
Кубат Оторбаев

Айласы кеткен эне алгач Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылган. Омбудсмен Кубат Оторбаев Алинаны издеп, кулчулуктан бошотууга болгон аракетин жумшап жатканын, тийиштүү органдарга кайрылганын маалымдады.

- Издөө иштери уланып жатат. Башкы консулдукка полиция "кыз өлкөдөн чыгып кеткен" деген маалымат бериптир. Бирок бул жерде дагы бир божомол бар. Башка бирөө анын паспортун колдонуп, өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. Экинчи дагы бир версия: ал кыз башка мамлекетте болушу мүмкүн. Коңшу Түркия, Египеттеги дүйнөлүк адам соодасы менен алектенген кылмыштуу түйүндөрдүн колундабы деген да божомол бар.

Алинанын тагдырына окшош окуя Дубайда былтыр да кайталанган. Анда кыргызстандыктардын диаспорасынын жардамы менен жаш кыз кулчулук торунан чыккан эле. Бул шаардагы кыргызстандык активисттердин бири Асхад Казакбаев жумуш издөөнүн кооптуу жагдайларына мындайча токтолду:

- Эгерде оңой жана мыйзамсыз жумуш издесе, анда ар түрдүү кылмышкерлерге курмандык болуп калышат. Анткени мекендеш кыздар сексуалдык кулчулукка кабылып калган учурлар буга чейин да болгон. Андыктан бул жактан жумушту мыйзамдуу жол менен гана издеш керек.

Диаспора өкүлдөрү полициянын издөөсү натыйжа бербесе, Алинаны өз алдынча издөөгө аракет кылышарын билдиришти. Азыркы тапта Дубайда мыйзамдуу иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны бир жарым миңге чукул. Бирок мыйзамсыз жол менен кеткендердин так саны белгисиз.

P/S: Учурда Алинанын апасы үч небереси менен бир бөлмө үйдө жашап жатат. Муздак үйдө балдар тумоолоп эненин кыйналып жатканын көрүүгө болот.

Дубайда кыргыз келин кулчулукка сатылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ноокат: митингден кийинки сурак

Ноокат: митингден кийинки сурак
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

Акматов: "Викингге" тартылуу оңой болбоду

Акматов: "Викингге" тартылуу оңой болбоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:01 0:00

Мигранттын жолун бууган сабатсыздык

Иллюстрация

Учурда чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын саны бир миллионго жакын. Алардын көбүн Орусия менен Казакстанда иштеген мекендештер түзөт.

Кыргыз өкмөтүнүн мигранттардын укугун коргоп, социалдык жактан камсыздоо боюнча аракеттери кандай? Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргени мигранттарга кандай жеңилдиктерди берди?

“Арай көз чарай” талкуусуна Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев, "Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев жана кыргызстандык мигранттардын Красноярскидеги диаспорасынын жетекчиси Назгүл Батаева катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, ушул тапта Кыргызстандын канча жараны кайсы өлкөлөрдө мигрант болуп жүрөт? Анын ичинен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө канча мигрант бар?

Алмаз Асанбаев: Кыргызстандыктардын миграция агымы мурдатан эле Орусия менен Казакстанда көбүрөөк болчу. ЕАЭБга киргенден кийин бул агымдын көлөмү көбөйө баштады.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

2016-жылдын башында Орусияда жүргөн мигранттын расмий саны 520 миң адам болсо, 2016-жылдын ичинде 623 миң адам деп катталды. Бул чек арадан өткөн каттоонун эсебинде алынды. Казакстанда жүргөндөрдүн расмий саны мурда 85 миң адам болчу, 2016-жылы алардын саны 114 миң болду. Буга ал жакта айлыктын көптүгү башкы себеп.

Мигранттарды кыйнаган башкы көйгөй - каттоого туруу. Себеби бир батирди 10-15 адамга берип, бирок эч кимди каттабай коюшат. Биздин жарандар да биригип, 15-20 адам болуп катталбастан эле батирге чыгып алышат.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык милдеттүү камсыздандырууну киргизген. ЕАЭБнын алкагында киргизилген бул талап биздин муктаждыкка туура келет. Мындай макулдашуу бардык тараптардын талкуусунун негизинде пайда болгон. Ага ылайык эмгек келишимин сөзсүз түзүп, анан медициналык камсыздандыруу салыгын төлөп турушу керек.

“Азаттык”: Азамат мырза, “Замандаш” ассоциациясы миграция күч алгандан бери чет жерде иштеген кыргыз жарандарынын укугун коргоо менен алектенет эмеспи. Айрым эксперттер мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр мигранттарды бейпайга салган проблемалар азайды деп жатышат. Мунун чындыгы барбы? Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Орусия менен Казакстанда иштеген мигранттардын укугу жакшы корголо баштады деп айта алабызбы?

Азамат Айтбаев: Дүйнө жүзү боюнча ар бир жетинчи адам мигрант болуп жүрөт. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары да бар жана алардын негизги максаты - иштеп, акча табуу. Миграция жөнүндөгү эл аралык мыйзамдардын негизинде миграциянын агымы өзгөрүп жатат. Ага ылайык кыргыз мигранттарынын агымы да өзгөрүп, азыр Батыш өлкөлөрүнөн тышкары араб мамлекеттерине кетүү тенденциясы башталды.

Ал эми ЕАЭБнын алкагында мигранттар боюнча кабыл алынган мыйзамдар аз-аздап аткарыла баштады. Биздин мигранттардын укугу жакшы корголо баштады деп айткандан мурун мекендештердин жүрүм-туруму, кесиптик мүмкүнчүлүгү, маалымдуулугу, сабаттуулугу жана ошол мамлекеттердин мыйзамдарын аткаруусу чоң проблемага айланды. Мыйзамда так жазылган талаптарды аткарбагандыктан өздөрүнө көйгөй жаратып алып жатышат.

“Азаттык”: Назгүл айым, сиз Красноярскиде жашаган кыргыз диаспорасынын жетекчиси катары айтсаңыз, ал жердеги кыргыздардын башкы көйгөйү эмне? Ошондой эле жергиликтүү элди кыргыз мигранттардын кандай сапаты тажатат?

Назгүл Батаева: Мигранттар кез келген проблемалар бардык жерде бирдей, бирок биздин жарандар кабылып жаткан кыйынчылыктар сабатсыздыкка байланыштуу болуп жатат.

ЕАЭБга киргенден кийин кыргыз жарандарына ишке орношууда бир топ жеңилдиктер берилди. Аны биздин жарандарыбыз түшүнбөй, орусиялык жарандарга берилген жеңилдиктердин бардыгына укуктуубуз деген ойдо болуп жатышат.

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

Биздин жарандар Орусияга барганда бир нече категорияга бөлүнөт. Алардын ичинен эмгек мигранттарын бушайманга салган көйгөйлүү маселе - эмгек келишимди түзбөгөндүгү. Эгер эмгек келишими түзүлбөсө алар социалдык камсыздоого укуктуу болушпайт. Биздин мекендештер ушул талапты билбегендиктен өз укуктарын коргой алышпайт. Мисалы, бизге коңшу мамлекеттерден барган мигранттар иштөө үчүн патент алууга милдеттүү. Ал эми биздин мигранттар патентсиз эле иштей алышат. Аны билбеген мигранттар иш берүүчүгө эмгек келишимин түзөлү деп талап кое алышпайт. Алар эмгек келишими болсо каттоо мөөнөтү узартыларын да билишпей, ортомчулар аркылуу мөөнөтүн узартышып, чыгымга да, моралдык жактан кыйынчылыкка да дуушар болушат.

ЕАЭБга кирген мамлекеттердин жараны катары кыргыз мигранттарына ушундай жеңилдик бар экенин орусиялык иш берүүчүлөрдүн бардыгы эле биле беришпейт. Анан Орусиянын Ички иштер министрлиги каттоодон өткөнүн текшере келгенде жасалма болуп чыгып, өлкөдөн чыгып кетүүгө же жаза тартууга мажбур болушат. Эмгек келишими болбосо медициналык камсыздандыруу менен да камсыз боло алышпайт. Биздин мигранттар ушуну билсе жакшы болот эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Голливудду "кууган" кыргыз киносу

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, соңку кезде кинотеатрларга барган көрүүчүлөрдүн саны 2015-жылы бир жарым миллиондон ашкан.

Киночулар бүгүнкү күндө Кыргызстанда тартылган тасмаларга барган көрүүчүлөрдүн саны менен Голливуд тасмаларына барган көрүүчүлөрдүн саны теңелгенин белгилешет.

Ошол эле учурда кыргыз тасмалары каражат табууну гана максат кылгандыктан бир гана жолу көрө турган күнүмдүк тасмаларга айланганын сындагандар арбын.

Мени кардар экен деген шаардык кинотеатрлардын биринин админстратору “Учурда эл көп көрүп жаткан тасмалар кайсылар?” деген соболума мындай жооп берди:

- Бизде азыр статистика боюнча “Шаардык келин Шарапат”, “Бажарики”, “Токол”, “Бир тууганчик” деген тасмалар жакшы көрүлүп жатат.

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды

Кыргызстанда интернет-сайттардагы порнографиялык кинолорго, видеоклиптерге эч кандай чектөө жок. Андан тышкары “жылаңач баатырлар” тууралуу тасма көргүсү келгендер жашына карабай каалаган жеринен 30 сомдук дискти сатып салса, же порно-сайттарды тоскоолдуксуз эле таап алса болот.

Андан ары ар бир тасманы көз алдынан өткөрүп, көрүүчүлөрдүн фильмдерге кирген жана чыккан маанайын күн сайын байкап отурган театр кызматкери айрым учурда кардарлар көргөн тасмасына нааразы болсо, айрым учурда ыраазы болорун айтып берди:

- Кайсы тасма экенин айтпай эле коелу. Келгендердин бири тасманын рекламасын көрүп аны мыкты деп ойлоп алган экен. Фильмди көрүп чыккандан кийин бизге нааразычылыгын билдирди. Театрдын китепчесине өз пикирин жазды. Кээ бир кардарлар көргөн тасмасына ыраазы болуп да кат калтырган учурлары болот.

Режиссер Садык-Шердин айтуусунда, анткен менен азыркы учурда кандай болгон күндө да кыргыз тасмалары өз көрүүчүлөрүн тапты:

- Биз ар кандай кино тармагы боюнча өткөн иш-чараларда Орусия, Казакстан сыяктуу бир топ жакынкы мамлекеттердин кино адистери менен жолугуп турабыз. Ошондой учурларда алар Кыргызстанда кино өстүрүүнүн жаңы үлгүсү пайда болгонун моюнга алышат. Кыргызстан өз фильмине өз көрүүчүлөрүн тартып алды. Бул факт. Себеп дегенде, бүгүнкү күндө канча киши Голливуддун тасмаларына барса, ошончо киши кыргыз тасмаларына да барып жатат. Бул аябай жогорку статистика. Мындай статистика менен Орусия же Казакстан мактана албайт. Атургай көптөгөн Европа өлкөлөрү да мактана албайт.

Көйгөйдөн качкандар комедия көрөбү?

Өзүнүн бош убактысында жаңы жаралган кыргыз тасмаларынан кыя өткүсү келбеген Махабат ар бир көргөн фильмин сын көз менен карайт. Ал бүгүнкү күндө коммерциялык максатта тартылып жаткан кыргыз тасмаларынын дээрлик баары сапатсыз, бир гана көргөнгө жараган тасмалар деген ойдо:

- Чынын айтканда, көпчүлүк тасмалардын мааниси жок. Айрымдарынын башы кантип башталганы, соңу эмне болуп бүткөнү түшүнүксүз болуп калган учурлар болот. Актерлор да эптемей, ырчылар же режиссердун тааныштары. Менимче, ушундан улам тасмалардын сапаты бузулуп жатат.

Режиссер Садык-Шер бул багытта өзүнүн пикирин билдирип, эгер кино ышкыбоздору сапаттуу тасма көрүүнү кааласа анда жалпы коомчулук бүгүн кино тармагына аралаша баштаган режиссерлордун чыгармачылыгына кайдыгер карабашы керек деген оюн ортого салды:

- Бүгүнкү күнү биз демократиялык коомдо жашап жатабыз. Мындай коомдо, мисалы, “Шаардык келин Шарапат” сыяктуу тасмалар элди кинотеатрларга алып келип жатат. Бул жакшы нерсе. Жөн гана сындай бергенде иш жүрбөйт. Эгерде биз чындап эле кинонун татыктуу үлгүсү, бийик деңгээли болушу керек десек, анда ал фильмдерди өкмөт тараптан же башка коомдук уюмдар, жалпы эле коомчулук колдошу керек.

Режиссер Темир Бирназаров кесиптешинин пикирин колдоп, кыргыз тасмалары өз күйөрмандарын таба баштаганына аз эле убакыт болгонун кошумчалады:

- Мындан эки-үч жыл мурун “Россия” кинотеатрында тасма көрө турган бир эле зал калган. Калганынын баары кафе, оюн-зоок борборуна айланган. Азыр кайрадан ал жер кино көрсөтө турган залдарга толуп чыкты. Мисалы, мурун ошол бир залында жалаң батыштын тасмалары көрсөтүлсө, учурда жалаң кыргыз тасмалары көрсөтүлүп калды. Бул деле өсүш. Демек азыр кыргыз тасмаларынын көрүүчүлөрү бар.

Адамдар көйгөйлөргө басылып турган учурда жеңил-желпи, коммедияларды көргүсү келет эмеспи. Бизде акыркы кезде комедиялар көп тартылып жатат.
Чолпонай Бөрүбаева

Бирок кино тармагынын жаш адиси Чолпонай Бөрүбаева кыргыз тасмаларын көргөндөрдүн саны Голливуд тасмалары менен теңелгенинин себебин башка жагдайлардан көрөт.

- Кино орто жаштагылар үчүн арзан көңүл ачуучу жаат десек болот. Барып жүз сомдун тегерегинде кино көрүп кетсе болот. Бишкекке сырттан келгендердин көбү кыргыз кинолорун көргүсү келет. Анан калса кинотеатрларыбыз да студенттер көп жүргөн аймактарга жайгашкан. Кирип кино көрүп чыгуу алардын чөнтөгүнө туура келет. Ошол эле учурда адамдар көптөгөн көйгөйлөргө басылып турган учурда жеңил-желпи, коммедияларды көргүсү келет эмеспи. Бизде акыркы кезде комедиялар көп тартылып жатат.

Бөрүбаева учурда автордук же дүйнөлүк тасмаларды интеллектуалдык чөйрө же шаарда илгертен жашап калган орус тилдүүлөр гана көрүшү мүмкүн деген пикирде.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдарда өлкөбүздө кинотеатрлардын саны да өскөн. Алсак, мурун жалпысынан 32 кинотеатр болсо, азыр ал 42ге жеткен. Айылда ачылган кинотеатрлар да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жалал-Абад: Атамбаевге "акарат" айткандар

Жалал-Абад: Атамбаевге "акарат" айткандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Арт-терапиянын ракка каршы күчү

Анталиядагы Мемориал ооруканасы

Илимпоздор рак менен ооругандардын психо-эмоционалдык акыбалын жакшыртуу менен дарт азабын жеңилдетсе болорун далилдешти.

Art – англисче, искусство же чыгармачылык дегенди түшүндүрөт.

Арт-терапиянын жардамы менен адистер бейтаптын психологиялык абалын жакшыртып, организмин чыңдоону көздөшөт. Музыкалык аспапта ойноо, сүрөт тартуу, айкел жасоо менен бейтаптар алаксып, оору, өлүм тууралуу терс ойлордон арылышат.

Арт-терапия менен дарылоо тажрыйбасы АКШда дээрлик 23 жылга созулган. 2013-жылы Атланта шаарында көркөм өнөр түрлөрүнүн онкологиялык ооруларды дарылоодо көмөкчү терапия катары колдонулушу оң натыйжа берери аныкталган.

Сүрөткө толгон ооруканалар

Түркияда да арт-терапия дээрлик бардык ооруканалардагы рак оорулуу бейтаптарга багытталып жатат. Анталия шаарындагы Мемориал ооруканасынын онкология бөлүмүндө жеке эле дарыгерлер эмес, көркөм өнөр жаатындагы илимпоздор да эмгектенишет экен. Алардын бири Женгиз Эрдоган жүргүзүп жаткан иштери тууралуу буларга токтолду:

- Алгач университетте профессор-онколог Мустафа Өздоган менен бул багытта бир долбоорду пландадык. Долбоордун аты арт-терапия, азыр бир искусствонун бардык тармагы менен химия терапия алып жаткан бейтаптарга колдоо көрсөтүп жатабыз. Бул колдоо алардын жашоого канааттануусун, бактылуулук сезимдерин күчөтөт. Ошондой эле химия терапиянын жагымсыз жактарынан арылып жатышат. Сүрөт тартып, музыкалык аспаптарда ойноп жатып бейтаптар ачуу дарылардын даамын унутуп, алаксышат. Күнүгө бейтаптарга айкелчилик, сүрөт, музыка, драма жаатында сабак берем.

Таштарга да сүрөт түшүрүшөт
Таштарга да сүрөт түшүрүшөт

Женгиз Эрдоган иштеген онкологиялык бөлүмдүн коридорлору, палаталар жана химия терапия кабинеттеринин баары бейтаптардын колунан жаралган ар кыл сүрөт, айкелдерге толуп калыптыр.

Долбоордун жетекчиси дарыгер – онколог, профессор Мустафа Өздоганга кайрылып, арт-терапияны эмнеге ишке ашырып жатканына кызыктык:

- Көркөм өнөр менен реабилитациялаганга абдан маани беребиз. Рак оорулуу бейтаптар оорукананын босогосун аттары менен өзүн өзгөчө, маанилүү жана баалуу сезип баштайт. Аларга жашоонун абдан баалуу жана өмүр шаңдуу экенин сездирип, бактылуу кылганга аракет жасайбыз. Дүйнөлүк саламаттык тармагындагы бардык жаңы нерселерди бейтаптарга алып келебиз. АКШ, Европанын арт-терапия жаатындагы жаңылыгын сунуштайбыз. Абдан жылуу мамиле менен өмүргө бекер келишпегенин, рак оорусу убактылуу гана түйшүк экенин түшүндүрүп, айыгып кетүүсүнө болгон шартты түзөбүз.

Заманбап жана бардык дубалдары кооз сүрөттөр, айкелдер менен шөкөттөлгөн ооруканалар Түркияда сейрек эмес. Дээрлик бардык онкологиялык бөлүмдөрдө бейтаптар жараткан живопись, кол өнөрчүлүк буюмдарды көрсө болот. Университеттерден атайын профессорлор барышып, ал тургай маңзат жана алкоголдук ичимдиктерге берилип кеткендерди, психикалык жактан жабыркагандарды арт-терапия менен дарылашат.

Кыргызстанда бул тармак баштала элек

2010-жылы АКШда арт терапиянын пайдасын изилдеген байкоодо рак оорулуу бейтаптарга дарылануу учурунда классикалык музыка угузушкан. Ооруканада химия терапия алып жаткандардын 42 пайызы музыкадан кийин өзүн жакшы сезип, оорусу басаңдаганы байкалган. Ал эми Кыргызстанда, тилекке каршы, бул иш баштала элек.

Рак бейтаптарына жардам берген “Эргене” коомдук фондунун координатору Тынара Касмалиева арт-терапиянын зарылдыгын айтып отурду.

- Биз да аракет кылганбыз. Ырчыларды, артисттерди алып барып онкологиялык ооруканада жаткандардын маанайын көтөрөлү дегенбиз. Анткени алар бир нече айлап, жылдап ошол жакта күн кечирет да. Операция болушат, нур, химия терапия алышат. Мунун баары аябай кыйын, психикалык жактан көп жабыркашат. Бирок бизде арт-терапия кылуу маселеси такыр эле көтөрүлгөн эмес, сүрөтчүлөрдү, ырчыларды алып барып же ар кандай драмаларды коюп беришсе, бейтаптарга жакшы эле болмок. Алардын көңүлүн көтөрсө алган дары-дармектери да пайдалуу болот беле.

Азыр бизде жалгыз гана Улуттук онкологиялык борбордун Балдар бөлүмүндө жаткан рак оорулуу наристелер үчүн гана “Жардамдашуу оңой” кайрымдуулук фондунун жардамы менен музыка сабагы берилип жатканын аталган фонддун жетекчиси Динара Аляева айтты:

- “Жардамдашуу оңой” фондунун ишмердигинин негизги багыттарынын бири – рак оорулуу балдар үчүн музыкалык терапия. 2016-жылдан тарта биз бул багытта толук кандуу долбоорду ишке ашырдык. Долбоордун координатору Германиядан атайын бул багытта билим алган адис. Ошондой эле балдарга барып сабак берүүгө ыктыярчы музыканттар да тартылууда. Алар аптасына бир жолу бөлүмгө барып, ал жакта дарыланып жаткан балдарга музыкалык аспаптарда ойноп, анан үйрөтүп турушат.

Негизи Кыргызстанда бул тармак жанданбай турган медициналык өңүттөрдүн бири болууда. Адистер эгерде өлкөдөгү музыкалык окуу жайлар жана факультеттер менен ооруканалар кызматташып иштесе анда бейтаптардын маанайы, психологиялык акыбалы бир топ жеңилдеп, дарылануу жакшы болмок деген пикирди айтып келишет.

Ал эми дүйнөлүк окумуштуулар бир нече жылдык байкоодон кийин арт-терапия жеке эле рак эмес жүрөк-кан тамыр, депрессия ооруларына да көмөктөшкөн реабилитациялык усул экенин аныкташты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жалал-Абад: шаардык кеңештеги партиялар оюну

Жалал-Абад шаарында бийликчил КСДП менен "Кыргызстан" партиялары оппозицияда калды.

Калган үч партия биригип коалиция түзүп, кечээ күнү төраганын орун басарын шайлашкан. Азчылыкта калган бийликчил партиялар биринчи жыйынга келбей коюп, эми прокуратурага биринчи отурумду аксакал киши алып барышы керек эле деп кайрылуу жолдошту.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде 12-январда “Өнүгүү-Прогресс”, "Ата-Журт" жана "Республика-Ата Журт" партияларынан жаңыдан куралган “Биримдик” коалициясынын алгачкы сессиясынын мыйзамдуулугу боюнча КСДП сотко жана прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков билдирди.

- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына ылайык жаңы төрага шайланганча депутаттардын жаш курагы эң улуусу сессияны алып барышы керек болчу. Бирок кечээ андай болгон жок. Ошол эле учурда үч партия биригип, 16 мандат менен кворум болбой туруп төрага шайлана электе анын орун басарын шайлашты. Бул да мыйзамга туура келбейт. Ошол себептүү биз мыйзамдуулукту камсыздоо максатында БШКга кат жолдодук. Ал эми сот менен прокуратурага кайрылууга камынып жатабыз.

Ошол эле учурда Мамасадыков 12-январдагы алгачкы отурум бардык партиялар менен макулдашылбай коюлуп калгандыктан КСДП менен "Кыргызстан" фракциялары ага катышкан жок дейт. Ал эми коалицияга кызмат соодалашуунун айынан анын фракциясы кошулбагандыгын бышыктады.

- Көпчүлүк коалицияга кызмат соодалашуунун айынан кирген жокпуз. Алар шаардын кызыкчылыгынан партиясынын жана жеке өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп жатышат. Эгерде укук коргоо органдары биздин кайрылуубузду оң жагына чечип берсе, кайра коалициялык көпчүлүк түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болот жана биз ага сөзсүз киребиз.

Шаардык кеңеште жаңыдан түзүлгөн коалициялык биримдиктин төрагасы Майрамбек Адылбеков бардык партиялар менен сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн айтат. КСДП менен "Кыргызстан" фракциялары келбей койгонунан да оппозицияда калды дейт.

- Башында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы коалиция түзүү жана ага кошулуу максатында бардык партияларга сунуш жолдогон. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында "Ата-Журт" жана "Республика-Ата Журт" партиялары менен тил табышып, көпчүлүккө бириктик. Ал эми КСДП менен "Кыргызстан" партиялары биздин келишимге ылайык жооп берген жок. Ошол себептүү алар баш тартышты. Ошондуктан алар жеке таарынычтан улам алгачкы жыйынга мандат алганы келбей коюшту. Шаардын быйылкы жылдагы бюджети кечигип жатат. Аны былтыркы жылы шайлоого киришип кетип карай албай калганбыз. Эртерээк сессияга чогулуп, жеке кызыкчылыктарды артка таштап, ошол маселелерди бүтүрүшүбүз керек.

16-январда шаардык кеңештин кезектеги сессиясы чакырылууда. Анда төрага шайлоо жана башка маселелер каралат. Бирок ага КСДП менен "Кыргызстан" фракциялары кайрадан катышпоо чечиминде турушат.

Шаардын мэри Салайдин Авазов кеңештин айланасындагы кырдаал боюнча пикирин билдирип, эгерде депутаттар биримдикке келе албаса тарап кетиши мүмкүн экенин айтты. Ошол эле учурда ал КСДП партиясы оппозицияда калса кызматын тапшырууга даярдыгын кошумчалады.

- Чындыгында мен КСДП партиясынын квотасы боюнча шаар башчылыгына келгем. Бул жерде коалициялык көпчүлүккө кошулууда партиялардын лидерлеринин жеке кызыкчылыктары чоң роль ойноду. Шайланып келген депутаттар эмес, ким ким менен биригүүсү керектигин жогорку жактагы лидерлери чечип койду. Шаарда буга чечин аткарылган жумуштар, элдин суроо-талабы аларды ойлондурган жери жок. Аткаруу бийлиги кеңеш кандай токтом кабыл алса, аны ишке ашырууга тийишпиз. Бирок алардан колдоо жок болсо иш алып баруу кыйын деп билем. Ошол себептүү КСДП партиясы көпчүлүккө кирбей оппозицияда калса менин мэр катары иштөөмө негиз жок деп ойлойм. Алар кимди тандаса өзү билет.

Учурда Жалал-Абад шаар кеңешинде КСПД 10, “Өнүгүү-Прогресс” сегиз, "Кыргызстан" беш, "Ата-Журт" беш жана "Республика-Ата Журт" партиясы үч мандатка ээ.

2012-жылы да “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП жана "Ата-Журт" партияларынан куралган депутаттардын алгачкы сессиясына 15 мандатка ээ болгон “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы коалициялык көпчүлүккө кирбей калдык деген таарыныч менен келбей койгон. Мурунку чакырылыштагы депутаттардын да алгачкы сессиясы мына ушундай тирешүүлөр менен башталган болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Онлайн” жаштар

“Азаттык+” бул жолу социалдык тармактардын орду, аларды туура пайдалануу тууралуу кеп кылды.

Интернет, анын ичинде социалдык тармактар жаштардын жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө интернет колдонуучулардын саны төрт миллиондон ашты. Алардын ичинен бир миллиондон көбү социалдык тармактарды колдонот.

Коомдук жай же аялдамада болобу, же үйдөбү, айтор чөнтөк телефонго үңүлүп, интернетте отургандарды көрөсүз. Бир катар блогчу жана жаңы медиа адистеринин маалыматтары боюнча, учурда кыргызстандык интернет колдонуучулар Фейсбук, Твиттер, Мой мир, Одноклассники, Инстаграм өңдүү социалдык тармактарга көбүрөөк киришет.

Бул тармактарды өзгөчө жаштар маалымат алып, көңүл ачуу максатында колдонушса, соңку кездери социалдык тармактарда ар кыл көрүнүштөргө каршы чыккан акция, флеш-мобдор байма-бай уланып, коомдогу өзгөрүүлөргө түрткү берүүдө. Ошол эле учурда айрымдар бетме-бет таанышып, мамиле куруудан качып, өмүрлүк жарын дал ушул тармактардан издегендер да көп.

“Онлайн” жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:02 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Онлайн” жаштар

“Онлайн” жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:02 0:00

УКМКдагы кыйноо: Кунакуновдун арызы

Максат Кунакунов

“Бийликти күч менен алууга даярданган” деген айып менен соттолуп жатышкан Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого дуушар болушканын айтып, акыйкатчыга даттанышты.

УКМК жагдай туурасында акыйкатчынын тараткан билдирүүсүн чындыкка коошпогон маалымат катары жокко чыгарууда.

Укук коргоочулар болсо буга чейин соттолуучу Максат Кунакуновдун абалынан кабар алууга мүмкүн болбой келгенин белгилешүүдө.

Кыйноолор тууралуу түшкөн арыздар

Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган Максат Кунакунов менен Алтынбек Жумагазиевдин адвокаттары соттолуучулар атайын кызматтын абагында отурганда оор кыйноолорго дуушар болгону туурасында Акыйкатчы институтуна кайрылышкан.

Акыйкатчынын абак жайларына көзөмөл жүргүзгөн адистер тобу жакында алар менен жолугушуп, даттануусун уккан. Кубат Оторбаев эки соттолуучу буга чейин дагы кыйноолор тууралуу арыз менен кайрылганын белгиледи:

- Биздин кызматкерлер сүйлөшкөн учурда Кунакунов “мени кармаган кезде тамагыма жана ичкен суума бир нерсе кошту окшойт, ошондон кийин өзүмдү жаман сездим” деп айткан. Ал эми Жумагазиев ага карата оор кыйноолор болгонун билдирген. 2016-жылдын апрель айында мен УКМКнын тергөө абагына кирген учурда дагы мага Максат Кунакунов жолугушууну суранып, ага карата кыйноолор болгонун айткан болчу. Биз анда Башкы прокуратурага кайрылып, ал Аскер прокуратурасына тапшырып, аягында ал иликтөөнүн жыйынтыгында “кылмыштын курамы болбогонуна байланыштуу” иш токтотулганын билдирген.

“Изоляциядагы” соттолуучулар

Мындан мурун “бийликти күч менен басып алууга даярданган” жана “террорчул топту каржылаган” деген сыяктуу оор кылмыштарга айыпталган Максат Кунакунов менен Алтынбек Жумагазиев атайын кызматтын тергөө абагында болчу. Алтынбек Жумагазиев тергөөдө ага башына желим баштык кийгизип, тырмак астына ийне сайып, электр тогуна отургузуп, жасалбаган кылмышты моюнга алдыруу аракеттери болгонуна даттанган. Максат Кунакунов акы-эсти айнытуучу заттар кошулган сууну ичүүгө мажбурланганын айтып арызданган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соттолуучулар толук укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган жагдайга төмөндөгүчө токтолду:

- Максат Кунакунов адамдын беделин түшүргөн, ушунчалык оор кыйноого кабылганы белгилүү болгон. Аны сотко баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселени караганы алып келгенде дагы мойнуна жана бутуна кишен кийгизилип, байланып келгенин көрүшкөн экен. Максат Кунакуновдун жакындары мына ошондо эле арызданып, кайрылышкан болчу. Максат Кунакуновдун соту жабык өтүп жатат. Бирок анын ишинде мамлекеттик сырды камтыган эч нерсе деле жок экенин адвокаттар белгилешти. Алар толук изоляцияда калышып, ага кандайдыр бир толук кандуу укуктук жардам алууга дагы мүмкүнчүлүк берилген эмес.

УКМК кыйноолор болгонун моюнга албайт

Анткен менен УКМК акыйкатчынын соттолуучулар Максат Кунакунов менен Алтынбек Жумагазиевдин тергөө абагында кыйноого алынганы туурасында билдирүүсүн жокко чыгарды. УКМК тараткан маалымдамасында соттолуучулардын кармоо шартына жана алардын жалпы абалына Башкы прокуратура ай сайын көзөмөл жүргүзүп келгенин жүйө келтирип, ушул кезге чейин бир дагы кыйноо фактысы катталбаганын билдирген.

Жаңы мэр Ибраимовдун "изи"

Жаңы мэр Ибраимовдун "изи"

Бишкекте теракт уюштурууга көмөктөштү деп шектелип камакта отурган Максат Кунакунов менен Ибрагимовдун туугандык байланышы тууралуу да ар кандай сөздөр айтылып келет. Мэр Кунакунов менен таеке-жээн экенин өзү да тастыктап отурат.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул боюнча мындай дейт:

- Башкы прокуратура тергөө абагында кыйноолор болгон жокпу деген негизде ар бир ай сайын текшерүүлөрдү жүргүзүп келишет. Мына ошол аралыкта кыйноолорго байланыштуу кандайдыр бир одоно мыйзам бузуулар катталган эмес. Мындан сырткары акыйкатчы өзү былтыр 8-апрелде тергөө абагына кирип, Максат Кунакуновго жолуккан учурда деле ошондой кыйноо фактылары болгону туурасында сөз болгон эмес. Анан калса адвокаттар соттолуучуларга ээн-эркин кирип чыгып турушкан. Алардын адвокаттарынан буга байланыштуу арыздар түшкөн жок.

Ошол эле кезде УКМК Акыйкатчы институту соттолуучулардын атайын кызматтын абагында кыйноого дуушар болгону тууралуу бир тараптуу жана текшерилбеген маалыматтарды тараткан деп кине койгон. Анткен менен Башкы прокуратуранын маалымат кызматы акыйкатчынын бул билдирүүсүн текшерүү үчүн Аскер прокуратурасына кошумча тапшырма берилгенин белгиледи.

УКМК 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте бир нече террордук акт уюштурууга аракеттенген топтун төрт өкүлүн жок кылып, жетөө кармалганын кабарлаган. Төрт күндөн кийин “Манас” аэропортунан ушул ишке катышы бар деп шектелип Максат Кунакунов кармалган. Ал ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында. Анын ишин Биринчи Май райондук сот жабык териштирүүдө. Кунакунов Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тууганы.

Мамлекеттик айыптоо аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 30 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал өзүнө тагылган кинелердин баарын четке кагып келе жатат. Кунакунов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликчил “Ак жол” партиясынын катарында парламентке депутат болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Караколдогу эски жаңы жыл

Кыргыз-тажиктен куралган үй-бүлө

Кыргыз-тажиктен куралган үй-бүлө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Ноокатта митингге чыккандар сурак берди

9-январда өткөн митингден бир көрүнүш

Апта башында айыл өкмөт башчысын башка өлкө жарандарына жер берген деп айыптап чыккан Жаңы Ноокат айылынын айрым тургундарын милиция суракка чакырып жатат. Учурда аларга уруксатсыз митинг өткөргөн деген айып тагылышы мүмкүн экени айтылууда. Митинг учурунда айыл өкмөтү нааразылыкка чыккандарды "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөлөрү экенин айткан болчу.

Ноокатта тынч митингге чогулуп, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын кызматтан кетүүсүн талап кылган жарандар эми райондук милицияга сурак беришүүдө. Суракка чакырылгандардын бири айылдык кеңештин депутаты Интизар Сарикова беш саат бою милиция кызматкерлеринин коркутууларына жана кемсинтүүлөрүнө кабылганын айтууда.

- 10-январда айылдык кеңештин сессиясынан мандатымды алып чыксам сыртта милиция күтүп туруптур. Милициялар мени күч менен машинесине отургузуп, райондук милицияга алып барышты. Саат 4:30дан кечки 8ге чейин бир бөлмөдө беш кызматкер суракка алышты. Ошол убакыт ичинде айыл өкмөткө байланышкан да, байланышпаган да суроолорду беришти. Мисалы, өзүмдү жаман сезип жатканымды айтсам «чечинип ал» деп күлүштү. Орусча уят сөздөр менен сөгүнүштү.

Интизар Садикова Ноокат райондук милициясынын бул аракетине укуктук баа берүү өтүнүчү менен президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага жана ИИМге кат жолдогон.

Жаңы-Ноокат айыл өкмөт башчысына нааразы пикирин айтканы үчүн райондук милицияга чакырылгандардын арасында Сарикованын уулу Абдувоб Эназаров да бар. Ал да милициянын орой мамилесине жана коркутуусуна кабылганын айтууда.

- Бизге тил кат жаздырышты. Биз болгонун болгондой жазып бердик. "Кыйын болуп кеттиңби, подвалга алып түшүп тепкилешибиз керекпи?" деп коркутушту. Мен мурда андайды көрбөгөндүктөн жаман болдум. Биздин эч кандай кылмышыбыз жок да. Биз айыл өкмөткө эч кандай зыян келтирген жокпуз. Эч нерсе сынып, талкаланган жок. Болгону оюбузду айттык.

Абдувоб Эназаров
Абдувоб Эназаров

Учурда Ош облустук милициясынан Ноокаттагы нааразылык жыйынга чогулгандар суракка алынып жатканын ырасташты. Анан да башка өлкө жарандарына жер берилгендиги жалган болуп чыкканын билдиришти.

ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев нааразылык митингине чогулгандар айыл өкмөттүн ишин бир жарым саатка токтоткондугу жана өзбекстандыктарга жер берилип кетти деп жалган маалымат тараткандыгы үчүн жазага тартылып калышы мүмкүн экенин эскертти.

- Жалган маалымат таратканы үчүн жана митингдерди өткөрүү тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн биз аларды суракка чакырып жатабыз. Бул боюнча текшерүү иштери кечээ гана башталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Анткени алар башка өлкөгө жер сатылгандыгы тууралуу айткан маалымат жалган болуп чыкты.

9-январда Жаңы-Ноокат айыл өкмөт башчысына нааразылык билдирип, айылдын алты тургуну Ошко келип маалымат жыйын курушкан. Андан соң ошол эле күнү айылдын 50 чакты тургуну Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн имаратынын жанына нааразылык жыйынга чогулушкан. Жыйын учурунда жергиликтүү тургундар айыл өкмөт башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Эл менен жолуккан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Ермамат Юлчиев чогулгандарын аракетин диний нукка бурган эле.

- Булардын уюштуруучусу Интизар Сарикова. Анын күйөөсү 2008-жылы райондук администрациянын имаратына таш ыргыткан. Ал ошол иши боюнча соттолгон. Сөздүн кыскасы азыр "Хизб-ут Тахир" кайрадан баш көтөрүп жатышат. Болду менин башка сөзүм жок.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү айрым тургундары үлүш жер албай калганын айтып келишет. Буга байланыштуу айыл өкмөтү үлүшкө берилген жерлерди кайрадан текшерип, инвентаризация кылууга камынып жатышканын билдиришти.

30 миңден ашык эл жашаган айылдын жери аз болгондуктан айыл жаштарына турак жай курууга да жер тартыш болуп турат.

Ноокат: эл айыл өкмөткө нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сооронкулова: Президент соттон мурун өкүм чыгарууда

Клара Сооронкулова

“Азаттыктын” редакциясына президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаевдин Канжар Кадыралиевдин түздөн-түз кийлигишкенин күбөлөндүргөн кат келип түштү. Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулованын бул боюнча ою кандай?

"Азаттык": Конституцияда сот бийлиги өз алдынча бийлик деп бадырайта так жазылган. Бирок президенттик аппарат кызматкеринин бул каты сот тармагынын өз алдынча бийлик болбой калганын далилдейби? Арабаев сыяктуу кызматкерлер бүтүндөй сот тутумун башкарып жатабы?

Сооронкулова: Кандай гана мазмундагы кат болбосун мындай кийлигишүүгө мыйзам боюнча жол берилбеши керек. “Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинде “сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруу боюнча ишке кийлигишүүгө тыюу салынат” деп жазылып турат. Судьяга таасир кылууга күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат. Бул жоопкерчилик Жаза кодексинде көрсөтүлгөн.

"Азаттык": Өткөн жылы ноябрда депутат Канат Исаев ушул эле кишини соттордун ишине кийлигишет деп айыптап чыкты эле. Бир кездери коалициялык көпчүлүктү жетектеген депутаттын ушундай билдирүүлөрдү таратканы, Манас Арабаевдин аты улам бир чуулуу иште чыгып атканы чочулатат. Бул президенттик аппарат соттордун ишине такай кийлигишет окшойт деген ойго түртпөйбү?

Кат менен кайрылгандыгы мага жаңылык деле эмес. Мен Конституциялык палатада иштеп жаткан мезгилде деле бир топ иштер боюнча мындай мазмундагы каттар келчү.

Сооронкулова: Мындай кийлигишүү бар экенин илгертен эле билебиз. Бул жерде кооптондурганы расмий түрдө кат жөнөтүп жаткандыгы. Бул президенттик аппараттын кызматкеринин кылмышынын айкын далили. Мындай кызматкерлерди жоопко тартуу керек.

"Азаттык": Билесиз, Данияр Нарымбаев да мына ушинтип сотторго басым көрсөтүп, чечим чыгартууга убада берип, ошол үчүн пара алган деп камалып чыкты. Бул жана жогоруда айтылгандар бизге билинген фактылар. Ушундай кат жазуулар, телефон чалуулардан президент кабардар деп ойлойсузбу?

Сооронкулова: Президенттин айрым пресс-конференцияларында сотто каралып жаткан же тергөөдөгү иштер боюнча өз пикирин айткандан кийин, президент маалымат алып турат, баарын билет деген тыянакка келдим. Сот чечими чыга электе эле, кээде президент өз атынан күнөөлүү деп өкүм чыгарып жатат. Бул деген, мамлекет башчысынын сотторго берип жаткан көрсөтмөсү. Көз каранды болуп турган биздин соттор президент өзү күнөөлүү деп атса кайда барат, күнөөлүү деп чечим чыгаруу керек деген тыянакка келет да. Мындай кийлигишүү болуп эле келген.

Бул жерде Манас Арабаевдин “мыйзамга ылайык карагыла” деп кийлигишип жатканы - сотторго ишенбегендиги. Демек соттор мыйзам чегинен чыгып жатышыптыр да. Бирок кат менен кайрылгандыгы мага жаңылык деле эмес. Мен Конституциялык палатада иштеп жаткан мезгилде деле бир топ иштер боюнча мындай мазмундагы каттар келчү.

"Азаттык": Анан ошол көрсөтмөгө ылайык иш алып барчу белеңер?

Чынын айтканда, саясий кепилдик жок. Ташиевдердин ишин караган сотторду негизсиз эле иштен албадыбы. Мени кетиришти. Бул өңдүү окуялар сотторго сабак болуп, алар кооптонуп калышат.

Сооронкулова: Туура, алар айткан көрсөтмөнүн чегинен чыкпай, алар айткандай кылыш керек деп, соттор түздөн-түз көрсөтмө катары колдонгон учурлар болгон. “Биометрикалык каттоо боюнча” мыйзам жөнүндө бир топ көрсөтмөлөр келген. Мен аларды Соттор кеңешине да көрсөткөм. Ошондой кийлигишүүлөргө баш ийбегендигим үчүн кызматтан кеттим да.

"Азаттык": Балким маселе соттордо да болуп жүрбөсүн? Алардын эрктүүлүгүндө, тазалыгында дегендей.

Сооронкулова: Ооба, соттор бул көрүнүштөргө жол бербей, өз алдынча иш жүргүзгөндө мындай кадамдар болмок эмес. Саясатчылар кызыкдар болгон кээ бир иштерде соттор балээсине калбайын, жаман көрүнүп албайын деп өкүм чыгарбай турат. Кандай көрсөтмө болот, кийлигишүү болобу деп өздөрү күтүп турушат.

"Азаттык": Соттор ар кандай көрсөтмөлөргө баш ийбей иштесе болобу? Же азыр таптакыр эле мүмкүн болбой калдыбы?

Сооронкулова: Моюн бербей койгонго мыйзамдык бүт мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, чынын айтканда, саясий кепилдик жок. Өзүңөр деле күбө болдуңар, Ташиевдердин ишин караган сотторду негизсиз эле иштен албадыбы. Мени кетиришти. Бул өңдүү окуялар сотторго сабак болуп, алар кооптонуп калышат.

Ак үйдөн сотторду ким тескейт?

Ак үйдөн сотторду ким тескейт?

Депутат Канатбек Исаев президенттик аппараттын кызматкерлери соттордун ишине кийлигишип, башкарып жатканын айтып чыкты.

"Азаттык": Сот реформасы 2010-жылдан бери эки президенттин тең приоритеттүү иши болчу. Дегеле ал ордунан жылдыбы?

Сооронкулова: Сот реформасы таптакыр ордунан жылган жок деп айтуудан алысмын. Анткени айрым өзгөрүүлөр болду. Мисалы, сот системасында соттордун курамы жаңыланды. Элүү пайызга жакын жаңы соттор келди. Эми алар кандай иштеп кетерин убакыт көрсөтөт. Бирок негизги маселелер боюнча жылыш болгон жок. Негизги маселе - бул соттордун көз карандысыздыгы.

"Азаттык": Анда сиз айткан жаңы Фемида өкүлдөрү деле көз каранды болуп калат деп чочулоого негиз барбы? Алардан деле үмүттөнбөй койсок болобу анда?

Сооронкулова: Үмүт кыла албайбыз. Бул жерде бир гана саясий эрк керек. Сотту чынында эле бийликтин үчүнчү бутагы кылабыз десек, мамлекет башчысы өзү кийлигишпесин. Аппарат кызматкерлерине тыюу салышы зарыл. Азыр өзүңөр күбөсүңөр, булар тескерисинче, кийлигишүүдө өздөрү үлгү болуп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жогорку Сот БУУнун чечимин аткарды

Кыргызстандын Жогорку Соту БУУнун Адам укуктары комитетинин сунушун аткарды. Анын негизинде кыргыз өкмөтүн Ташкенбай Мойдунов аттуу жарандын жакындарына 200 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

Жогорку Сот Ташкенбай Мойдуновдун иши боюнча өкүмдү 11-январда чыгарды.

Анда кыргыз өкмөтүн Мойдуновдун жакындарына 200 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендиргенин Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” айтып берди:

- Мойдуновдун бир тууганынын арызын алгач Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 29-апрелинде караган. Анда маркумдун жакындарына 500 миң сом төлөп берилсин деген чечим чыгарылган. Андан кийин бул чечимдин үстүнөн даттануу болуп, Бишкек шаардык соту аны 200 миң сом төлөнсүн деп өзгөрткөн. Кечээ болсо Жогорку Сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Чечимге ылайык, өкмөт тараптан жоопкер катары Финансы министрлиги аныкталды.

Базар-Коргондун тургуну Ташкенбай Мойдунов 2004-жылы аталган райондун милициясынын убактылуу кармоо жайында каза болгон. Аны аялы менен көчөдө чатакташканы үчүн “коомдук тартипти бузду” деген айып менен кармашкан. Эртеси күнү кармоочу жайдан анын жансыз сөөгүн табышкан.

Маркум Ташкенбай Мойдунов жакындары менен. (Сүрөт Клооп.kg сайтынан алынды)
Маркум Ташкенбай Мойдунов жакындары менен. (Сүрөт Клооп.kg сайтынан алынды)

Соттук-медициналык экспертиза анын моюнуна муунткан сыяктуу колдун издери бар экенин аныктаган.

Маркумдун жакындары милициянын үстүнөн арыз жазып, алардын укугун учурунда камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров коргоп жүргөн.

Бул иш аягына чыкпай, Базар-Коргон райондук милициясынын бир кызматкерине гана “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок аталган кызматкер акчалай айыппул гана төлөп, жазадан кутулган. Мындан соң Ташкенбай Мойдуновдун жакындары адилеттик издеп, Бириккен Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча комитетине арыз менен кайрылууга аргасыз болгон.

Адам укуктары боюнча комитет 2011-жылы арызды карап, кыргыз өкмөтүн маркумдун жакындарына компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Мойдуновдун жакындарынын кызыкчылыгын коргоп, Улуттар уюмуна чейин жеткирүүгө салым кошкон адвокат Нурбек Токтакунов бул иш боюнча Жогорку Соттун чечимин “прецедент” катары баалоодо:

- Албетте, адамдын жашоосу абдан кымбат. Бирок биз бул жерде прецедент болгонуна көңүл бурдук. Башкача айтканда, мамлекеттик мекемеде каза болгон адамдын өлүмү үчүн мамлекет жооп бериши керек. Эгер адамды камап, анын эркиндигин негизсиз чектеп, өлүмүнө себепкер болсо ал үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик органдар алышы керек. Ошондуктан, прецедент биз үчүн маанилүү болду.

Адвокат эми өкмөттүк органдар Ташкенбай Мойдуновдун өлүмүнө чыныгы күнөөлүүлөрдү табышы керектигин белгилеп жатат.

Финансы министрлигинен Мойдуновго төлөнчү компенсация боюнча маалыматы бар экенин жана сот чечими аткарыларын кабарлашты. Мойдунов боюнча Жогорку Сот өкүмүн актуалдаштырган бир нече жагдай бар. Былтыр Баш мыйзамды өзгөртүүдө бийликтин негизги аргументи болуп эл аралык уюмдар өлкө ичиндеги сот иштерине кийлигишип жатканы айтылган.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул жагынан Мойдунов боюнча сот чечими маанилүү экенин билдирүүдө:

- Баш мыйзамга өзгөрүүлөр киргенге чейин БУУнун чечимдерин аткаруу үчүн мамлекет кандайдыр бир укуктук механизмдерди көрүшү керек деген берене бар болчу. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдар өзгөртүлүп, Баш мыйзамга ылайыкташтырылган эле. Эми бул берене алынып салынды. Бирок мыйзамдык деңгээлде аталган талаптар аткарыла берет. Бул мыйзамдарды өзгөртүү коркунучу сакталып турат.

Ошол эле учурда Мойдуновдун ишине үндөш Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бошотууга чакырган Азимжан Аскаровдун иши турат. Бийликтер укук коргоочунун өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин бузуп ишти кайра карай баштаган. Аскаровдун иши боюнча Чүй облустук соту 17-январда өкүм чыгарары күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тиллаевди мандатка жеткирген жол

Таабалды Тиллаев

Өткөн айдын этегинде Жогорку Кеңештеги айрым комитет башчыларын шайлоо талаш-тартыш менен коштолгон эле.

Айрыкча Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы болуп “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаевдин шайланышы нааразылык жараткан.

Бул депутаттын аты негизинен былтыр Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевге доомат айтылып жатканда чыккан.

Жол чырын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Тиллаев өкмөт башчы кызматтан кетсин деп талап койгондордун бири болгон. Тиллаев президент Аскар Акаевдин тушунда бир катар жооптуу кызматтарда жүргөн Темирбек Акматалиевдин мурдагы күйөө баласы экени да белгилүү.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Былтыр жыл башында Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча өткөрүлгөн тендер айынан чыр чыккан. Ал чыр ошол учурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаевдин отставкасы менен аяктаган.

Парламентте жол куруудагы мыйзамсыз иштерди, дооматтарды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын мүчөсү, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Сариев кызматтан кетиши керек деп катуу талап койгон. Бирок жыл этегинде анын баштапкы ою өзгөргөнү белгилүү болгон эле. Ал Сариев менен Малабаев иштен негизсиз кеткенин айтып, алардан расмий кечирим суроону өкмөткө сунуштап чыккан.

Тиллаевдин аты кийин былтыр жайында талаштуу “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда аталды. Ал бул мыйзам долбоордун авторлорунун бири. Бул документте чет өлкөлүк юридикалык же жеке тарап катышкан маалымат каражаттардын ишмердигине тыюу салынат. Ошондой эле четтен келген каражат медиа мекеменин жылдык бюджетинин 20 пайызынан ашпоосу керек деген жоболор каралган жана бул сөз эркиндигин чектейт деген кооптонуулар айтылган.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Таабалды Тиллаев адатта чек ара көйгөйлөрү, жол кырсыктары өңдүү маселелерди көтөрүп келет. Ал “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзам долбоордун авторлорун бири:

- Биз депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүп жатабыз. Өзүңөр деле көрүп жатасыңар, кээде сессияда он эле депутат отуруп калат. Биз мындай депутаттардын айлыгын кыскартуу чарасын киргизип жатабыз. Мисалы, бир жолу келбесе 10 пайыз, эки жолу болсо 25, себепсиз үч жолу келбей койсо айлыгынын 50 пайызын кыскартууну сунуштап жатабыз. Эгер ал ооруп же иш сапарларда жүрүп катыша калбай калса, анда мындай чара колдонулбайт. Дагы вице-спикерлердин санын азайтабыз. Буга чейин ар бир фракциядан болсо биз башкаруучу коалициядан жана оппозициялык азчылыктан болсун дегенди киргизип жатабыз.

"Мурдагы күйөө балам жакшы адам"

Эми Тиллаевдин эмгек жолуна кененирээк токтололу. 41 жаштагы Тиллаев Баткен облусунун Лейлек районунан болот. Алгач 1995-жылы Бишкекте “Датка” ишканасында экспедитор, менеджер болуп иштеген.

1999-2000-жылдары “Сапаттын соода үйү” деп аталган фирмада директордун орун басары болуп турган. Жогорку окуу жайды 2005-жылы бүткөн. Константин Скрябин атындагы агрардык университетти аяктап, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистигин алган.

Тиллаев мамлекеттик кызматка 2001-жылы келген жана 2007-жылга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында ички аудит бөлүмдөрүндө жетектөөчү адис болуп иштеген. Ал соңку парламенттик шайлоого “Республика” партиясынын тизмеси менен катышканга чейин 2012-2014-жылдар аралыгында “КыргызНефтьПром” жана “ГлавНефтьГаз” ишканаларында жетекчи болуп турган.

Тиллаев депутат болгонго чейин мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген Темирбек Акматалиевге байланыштуу маалыматтарда аты аталат. “Тиллаев Акматалиевдин кел-кели келип турганда айдоочусу болгон, андан кийин кызын алган, кайнатасынын жардамы менен көтөрүлгөн" деген мазмундагы бир катар макалалар жарыяланган.

Биз Темирбек Акматалиевдин өзү менен байланышып мурдагы күйөө баласы тууралуу пикирин сурадык. Ал Тиллаевди жөндөмдүү, аракетчил, иш билги, адамгерчиликтүү адам катары сыпаттады. Убагында шоопуру болгон деген сөздөрдү ушак деп атады:

- Кызым экөө алты-жети жыл жашады. Ортодо эки баласы бар. Алар менен мамилеси абдан жакшы. Кызым менен дагы мамилеси абдан жакшы. Анын ата-энеси дагы абдан жакшы кишилер, биздин алар менен мамилебиз абдан жакшы, сыйбыз. Эгер адам иштеп, аракет кылып жатса, аны көрө албагандар шоопуру болгон деп айта бергендери туура эмес. Ал менин кызыма үйлөнгөн маалда үй-жайы бар, бизнесте жүргөн жигит болгон. Каржы министрлигинин системасында иштеген. ЖОЖдо экономика факультетин бүтүргөн. Тарбиясы бар, жакшы бала. Депутаттыкка 26 жашында катышкан жана үчүнчү орунду алган. Өзүнүн айылына жардам берип жүрөт.

"Бюджет комитетинин мааниси жоголду"

2015-жылы парламенттик шайлоодо Таабалды Тиллаев “Республика – Ата-Журт” партиясынын тизмесинде алтынчы орунда болгон. Аны партияга Өмүрбек Бабанов чакырганын айтып берди. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетин жетектегенге тажрыйбасы жетишпейт деген сындарды четке какты.

- Мен бул партияга Өмүрбек Бабановдун чакыруусу менен келгем. Мага партиянын программасы жакты жана Бабановду реформатор, жаш жетекчи катары тандадым. Менин резюмемди карасаңар болот, жети жыл Каржы министрлигинде аудит бөлүмүндө иштегем. Болгондо да бюджет боюнча иштегем. Мындай тажрыйба парламентте менден башка эч кимде жок болсо керек.

Бизде оппозиция, тилекке каршы, “дежур”, бийлик көзөмөлдөгөн оппозиция болуп жаткандыктан бюджет комитетинин мааниси жоголуп калды. Эч нерсе чечпей, жогору жактан кандай көрсөтмө, буйрук келсе ошону аткарат жана өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын чечет.
Равшан Жээнбеков

Жогорку Кеңештеги айрым комитеттердин жетекчилери өткөн айдын этегинде алмашкан жана талаш-тартыш менен да коштолгон. Парлементтин мурунку депутаты Равшан Жээнбековдин пикиринде, Бюджет жана каржы комитети өңдүү эң маанилүү комитеттин башчысы жана мүчөлөрү күчтүү болушу керек:

- Бардык эле мамлекеттерде парламенттин Бюджет комитети эң маанилүү комитет болуп эсептелет. Мамлекеттик бюджетин беките турган, ийне-жибине чейин талдай турган, анын аткарылышын көзөмөлдөгөн, мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн керек болсо президентке, өкмөткө бюджетти да бербей койо алган маанилүү комитет. Бул комитетти оппозициялык азчылыктын өкүлдөрү башкарат. Бирок бизде оппозиция, тилекке каршы, “дежур”, бийлик көзөмөлдөгөн оппозиция болуп жаткандыктан комитеттин мааниси жоголуп калды. Эч нерсе чечпей, жогору жактан кандай көрсөтмө, буйрук келсе ошону аткарат жана өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын чечет. Бюджетке байланышкан мамлекеттик маанилүү маселелерди чечпей калды.

Адатта жыл соңунда Жогорку Кеңеште келерки жылдын республикалык бюджетин кароо кызуу талкуу менен коштолот жана өкмөттү бир катар убарага, түйшүккө салат. Бирок парламенттин Бюджет жана каржы комитетин Таабалды Тиллаев башкара баштаган маалда азыркы өкмөт бюджетти оңой эле өткөрүп кетти.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Лилия Брик менен Жусуп Абдрахмановдун махабаты

Лилия Брик менен Владимир Маяковский.

Бүгүн “Вечерний Бишкек”, ”Фабула”, “Де-факто”, “Супер инфо”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын Нариман Түлеевдин “Салянова мага кылбаганды кылган” деген маеги менен ачты. Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы менен Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын милийсалары Ататүрк багында өсүп турган даракты жардырып сынап жүргөн Бишкектик бир адамды колго түшүргөнүн кабарлады.

“Вечерний Бишкектин” жаңы санынан сиздер 5 жаштагы өз баласын өлтүргөн базаркоргондук Надирбек Мурахмедов 13 жылга кесилгенин, Орто-Сайдагы “Кулун Ата” базарында соодагерлер менен базар башчылыгынын ортосунда чыр башталганын, “№1 СИЗОдогу көз боёмочу” ким экенин, Маяковскийдин аялы Лилия Брик менен Жусуп Абдрахмановдун ортосундагы махабат тууралуу баянды жана башка кызыктуу материалдарды окуйсуздар.

“Фабула” гезити “Алданган Адахан, Адалсынган Акматбек” деген макала менен жаңы санын ачты. Журналист Тилек Рыскулов макаласын “Жээнбековдун жазга жетпей үзөнгүдөн буту таябы?” деп атап, Жогорку Кеңештин жыйыны өкмөттүн иштей албай жаткан кадрларын катуу сынга алуудан башталганы көп нерседен кабар берерин жазды. КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычевдин гезит кабарчысы Мирлан Алымбаевге берген маеги “Мэрди шайлоодо ар бир депутатка долларлап акча беришерин укканбыз” деген ат менен жарык көрдү. Акын Абылгасым Абдырахмановдун жаңы ырлары жарыяланды.

“Де-факто” гезитинде “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров “Атамбаевдин бир жакшы жери, ал киши бетке айтып жатат” деп маек курду. Жапаров ал маегинде минтип айтты. “Арсыздар көбөйдү. Өз үй-бүлөсүн тыңдап багалбай жаткандар Атамбаевди мындай кой, сүйлөсө түз эле Обома менен Трамптан баштап Путинге чейин түшөт, “сен өзүң кимсиң кагылайын, жүрү, ”үйгө кирип нан ооз тий?” десең үйгө кирбейт. Кирсе батинкесин чечпейт, анткени байпагы жыртык, буту шыбоо. Бирөөлөрдү шыбаса оозунан да ошол жыт уруп турат. Атамбаевдин бир жакшы касиетин белгилеп кетейин, ал киши баарын бетке айтат. Өткөндө “Кыргыздар дамбал кийбегиле, суук тийип балалуу болбой каласыңар, кыргыздын татынакай кийими турат” деди. Эң туура, кыргыздар эч качан шымы жок дамбал кийип, бешиктен бели чыгалек жатып сакал койгон эмес. Биз сакалды өстүрүүнү коюп, өлкөбүздү өстүрүүнү ойлойлу” деди бүгүнкү магеинде.

Ушул эле “Де-факто” гезити таланттуу актер, обончу Нуркан Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаеванын кыргыз маданиятындагы ыймансыз, адепсиз жоруктарды баяндап жан ачыганда жазган эки бет макаласын окурмандарга сунуш кылды. Айтылуу Кимбайкебиздин “күлкүлятору” да ушул санда.

“Супер инфо” гезити бул санын Казактандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү кыргыз ырчысы Мерген Тургандын “Сыйлык, наам сатылат” деп коюшсун, кыйналбай эле сатып алалы” деген маеги менен ачты. Гезиттен “Түркиядагы кыргыз кыздары эмне себептен сабалды” деген макаланы, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы жөнүндө ошол жерде жашап-иштеген кишилердин ойлорун, өнөр адамдарынын кызыктуу маектерин окуйсуздар.

“Эркин тоо” гезитинен бийик тоолуу Ат-Башыда бадыраң, памидор өстүргөн Эльвиранын эмгеги менен таанышасыздар. Ошондой эле чолпонаталык Намазбек Идирис Жусуптегиндин “Мукам үндүү Чабалдаев” деген эскерүүсү, Үмүтай Эралиеванын “Отко таазим” фильминин жаралуу тарыхы” аттуу баяны, акын Темирбек Алымбековдун Эстебес тууралуу “Барган жерин гүл кылган” деген макаласы басылды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Албек Ибраимов “мэрлик” чапанды кайра кийди” деген баштеманын алдында алты адамдын ал тууралуу айткандары менен ачты. Журналист Болотбек Таштаналиев макаласын “Төкмөлүк салттын улантуучулары–жамакчыларбы же даабаатчыларбы?” деп атап, “... жалгыз эле Жеңишбек эмес, Аалы Туткучев баштаган башкалары да диний багытка өтүп алды. Айрымдары динди жайылтыш үчүн улуттук төкмөлүк өнөрдү ыктуу пайдаланган диний долбоорлордун “эшик ырчысына” айланып, өлкөнүн аймагын кыдырып ырдап жүрүшөт. Бул, албетте, өкүнүч жаратпай койбойт” деп жазды. Жазуучу Темирбек Жолдубаевдин “Актоко” аттуу баяны уланууда.

“Көлөкө өкмөт” бийликке атаандашат

Феликс Кулов, Турсунбай Бакир уулу, Марат Иманкулов

Кыргызстанда бийликке кирбеген саясатчылар тобу азыркы өкмөткө атаандаш “көлөкөдөгү министрлер кабинети" түзүлгөнүн жарыялады.

Бул “көлөкөдөгү өкмөт” саясий туруктуулукту кармоо жана башкаруудагы атаандаштыкты камсыздоо үчүн бийликке оппозицияда болуп, ага кеп-кеңеш берип турууну убада кылды.

Саясат талдоочулар бул саясий бирикменин максаттары аталган саясатчылар бийликте турганда эмнеге ишке ашкан эмес деген суроону кабыргасынан коюшту.

Жаңы саясий демилге

“Таза Кыргызстан”, “Ар-намыс” жана “Эрк” саясий партияларынын төрагалары Марат Иманкулов, Феликс Кулов жана Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын “көлөкө өкмөтүн” түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Буга байланыштуу кайрылууда уюштуруу комитети өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал азыркы бийликке атаандаш “көлөкө өкмөттү” түзүүгө негиз болгону көрсөтүлдү.

Президенттик шайлоодо толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн деген сөздөр бар. Бирок тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары ошого даяр эмес. Ошондой кризистик кырдаалда дагы биз азыркы бийликке көмөктөшүүгө даярбыз.
Марат Иманкулов

Саясатчы Марат Иманкулов бул саясий бирикменин негизги миссиясына токтолду:

- “Көлөкө өкмөт" - бул демократиялык ченемдердин бири. Ал ички жана тышкы саясат боюнча расмий бийликке карата сын-пикирин жана кеп-кеңештерин айтып турат. Ошондой эле мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдорун издеп, өз алдынча программалар менен коомчулукка чыга алат. Муну менен бизди конструктивдүү оппозиция деп айтса болот. Биздин иштеп чыга турган кеңештерди азыркы бийлик эске алса, аны биз кубануу менен гана кабыл алабыз. Мындан сырткары президенттик шайлоодо толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн деген сөздөр бар. Бирок тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары ошого даяр эмес. Ошондой кризистик кырдаалда дагы биз азыркы бийликке көмөктөшүүгө даярбыз.

“Көлөкө өкмөт” – сүйлөшүүнүн аянтчасы

Кыргызстандын “көлөкө өкмөтүн” түзүү боюнча меморандумга кол коюуга башка дагы саясий күчтөрдү чакырган уюштуруу тобу азыркы өкмөт курамынын кесиптик даярдыгын сынга алды. Ошондуктан демилгелүү, билимдүү жана иш-тажрыйбага бай саясатчыларды “көлөкө өкмөттүн” курамына киргизип, расмий өкмөткө атаандаш программаларды иштеп чыгуу милдети турганы айтылды.

Мурдагы парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу “көлөкө өкмөт” өлкөдө бийлик боштугу пайда болсо, кырдаалды жөнгө салууга жөндөмдүү экенин кыйытты:

- Негизги максатыбыз - өзүбүздү көрсөтүү. Биз расмий өкмөттүн түзүмү кандай болсо, ал бизге жакпаганына карбастан ошондой эле өкмөт түзөбүз. Биздеги ар бир министрликке эки-үчтөн талапкер болот. Ар кимиси өзүнүн дараметин мына ушул “көлөкө өкмөттөн” көргөзсүн. Мына ошентип биз кесипкөй жана тажрыйбалуу саясатчыларды болочокто бийликке келе турган өкмөткө тандайбыз. Эл арасында үчүнчү ыңкылап болуп кетиши мүмкүн деген да сөздөр бар. Бирок Кыргызстан аны көтөрө албайт. Эгерде өлкөдө башаламандык болуп кетсе, бийлик боштугун толуктоого биз даярбыз. Кудай сактасын, бирок президенттик шайлоодон бир нерсе чыгып кетсе, ошондой башаламандыктарга жол бербейбиз. “Биз барбыз” деп жатабыз.

Оппозиция бириге алабы?

Оппозиция бириге алабы?

Президенттик шайлоону утурлай Кыргызстанда саясий күчтөр ирилешип, ар кандай оппозициялык саясатчылар, топтор бириге баштады. Алардын катарында саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков бар.

Күздө өтө турган президенттик шайлоонун астында түзүлө калган бул саясий бирикменин чыныгы максат, мүдөөлөрү тууралуу пикирлер бир кылка эмес. Негизи оппозициялык күчтөр бийликке атаандаш бейформал өкмөт түзгөн тажрыйба бар. Ошондуктан муну саясат таануучулар саясий атаандаштыкты күчөтүүгө өбөлгө түзгөн тажрыйба катары карашат.

Саясат талдоочу Марс Сариев “көлөкө өкмөт” бийликти күч менен болсо дагы алууну самаган саясатчылардын бугун чыгара турган аянтча болоруна ишенет:

- Бул “көлөкө өкмөт” деген оппозиция болуп көрүнгөнү менен оор кырдаалда коомдо саясий туруктуулукту камсыздоого жарай турган жакшы механизм. Анан саясий жактан абдан эле активдүү болуп, бирок бийликке келбей калган айрым кызуу кандуу саясатчылар мына ошол жактан “бугун” чыгарып алганга дагы болот. Негизи кандайдыр бир нааразылык же болбосо чыңалуу болсо, аны ушул аркылуу басаңдатууга негиз болот. Ошондуктан мындай уюмдун болушу бийликке деле жакшы. Экинчи жагынан кызуу дебаттар болуп турса, саясий атаандаштык күчөп, расмий өкмөттөгү министрлердин натыйжалуу иштешине дагы өбөлгө түзүлөт.

Кыргызстанда жаңы саясий кыймыл түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Бийликтен кеткендердин ызасыбы?

Ошол эле кезде бул “көлөкө өкмөт” оппозициялык уюм катары дагы коомчулукта оозго алынып кетеринен күмөн санагандар бар. Анткени серепчилер андагы айрым саясатчылардын буга чейинки ишмердиги жана саясий бедели коомдо терс маанай жараткан учурлар аз эмес экенин белгилешти. Саясий серепчи Марат Казакпаев бул тууралуу мындай деди:

- Азыр эле бул адамдардын өздөрүнчө “азыркы бийликке конструктивдүү оппозиция болобуз” деп чыга калганы кызык. Негизи анын курамындагы көпчүлүк саясатчылар буга чейин бир катар жогорку кызматтарда иштеген да. Мына ошол ойлорун, программаларын бийликте турганда эмнеге ишке ашырган эмес? Аларга өлкөнү бир жакшы нукка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилген да. Азыр акылдуу болушпай, ошондой эле иш жүзүндө көргөзүп, абалды оңдобойбу?

“Көлөкө өкмөт” саясий бирикмесин түзүүгө башка кайсы саясий күчтөр тартылганы азырынча белгисиз. Ошондой эле бул “көлөкө” өкмөттүн курамындагы расмий бийликке “атаандаш министр” болчу саясатчылар кайсы тармактар боюнча иш алып бара турганы дагы азырынча аныкталып, бекитиле элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кадыралиевди Ак үй калкалайбы?

Канжар Кадыралиев

Бишкектин Октябрь райондук сотунда Оштун мурдагы прокурору, экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевдин кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланды.

Оштун экс-прокурору Канжар Кадыралиев кылмышка шектүү катары каралган кезектеги сот отурумунда төрт жабырлануучу тең ага каршы көрсөтмө берди. Сотко үй камагына чыгарылган Кадыралиев да катышып, айыптоолордун баарын четке какты.

Жабырлануучулардын бири, өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев Кадыралиев Ошто прокурор болуп турганда куралдуу топ менен коркутуп, “бизнесиңди бер, болбосо башка жакка көчүп кет” деп опузалаганын айтып келет.

Кадыралиевге сот "мээрим" төктү...

Кадыралиевге сот "мээрим" төктү...

Башкы прокуратура кылмышка шектелген экс-прокурор Канжар Кадыралиевдин үй камагына чыгарылышына нааразы болуп Жогорку Сотко кайрылды.

Ишкердин бир тууган эжеси Уулкан Келдибаева арадан 2,5 жыл өтсө да Кадыралиевдин жоопко тартылбай жатканына нааразы.

- Канжар Кадыралиевдин 2014-жылдын 31-августунун түнүндө болгон карактоо кылмышы ушул күнгө чейин созулуп келатат. Бул ишти президент өз көзөмөлүнө алган. Бирок Кадыралиевдер Ак үйдөгү таасирдүү адамдарды ортого салып отуруп үй камагына чыгып кетти. Бизге да бир нече ирет келип кийит жабабыз, акча беребиз дешти. Кечирим сурашты, бирок биз анын жоопко тартылышын аягына чейин талап кылабыз. Биздин соттор калыс чечпесе, эл аралык инстанцияларга кайрылабыз.

Бул дооматтар боюнча Кадыралиев өзү комментарий берүүдөн караманча баш тартты. "Кадыралиев ашканамды, жеримди рейдерлик менен тартып алды" деген дагы бир жабырлануучу Мирлан Жолдошев сот иши атайын создуктурулуп, күнөөлөнгөн тарап кылмыш мөөнөтүнүн эскиришин күтүп жатканын кошумчалады.

Үй камагына чыгарткан кат...

Ал арада “Азаттыктын” редакциясына президенттик апараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаевдин бул ишке түздөн-түз кийлигишкенин күбөлөндүргөн кат келип түштү. Арабаевдин колу коюлган кат иш каралып жаткан Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараевге жөнөтүлгөн.​

Аталган катта Арабаев Кадыралиевди үй камагына чыгарууга каршы тараптар бар экенин эске салып, объективдүү чечим чыгарууну суранган. Кат 2015-жылдын сентябрында жазылса, Кадыралиев 2016-жылдын январында үй камагына чыгарылган. Манас Арабаев катты жазганын моюнуна алды, бирок ал муну менен соттун ишине кийлгиштим деп эсептебейт.

- Жарандардын кат аркылуу кайрылуу мыйзамы боюнча биз өтүнүчтөрдү тиешелүү сотторго жөнөтүшүбүз керек. Баш мыйзам боюнча соттук териштирүү ишине кийлигише албайбыз. Катта ишти мыйзам чегинде, объективдүү карагыла деп эле жазылган.

Анткен менен жабырлануучу Келдибаевдер ушул убакка чейин президентке төрт, президенттик аппаратка бир жолу иштин калыс тергелишин сурап расмий кат менен кайрылган. Мындан тышкары маалымат каражаттары аркылуу өлкө жетекчилигине үч жолу кайрылуу жолдошкон. Бирок Келдибаевдер кайрылуулардын бирине да жооп болбогонун айтышууда.

Ошол эле учурда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов каттар кабыл алынып, тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн деп ишендирүүдө.

Бул иш коомчулукта резонанс жаратканда президент Алмазбек Атамбаев Кадыралиевдин жоопко тартылышын өз көзөмөлүнө алып, ошол кездеги баш прокурор Аида Саляновага, ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаевге ишти тезинен териштирүү боюнча тапшырма берген. Манас Арабаев болсо өлкө башчысынын ишинен кабарсыз болуп чыкты. Арабаевдин сот чечимдерине кийлигишерин “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев да парламентте айтып чыккан.

Сооронкулова: Сотторго президент да кийлигишет
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00
Түз линк

Сот жараяндарын талдоого алган Коомдук иликтөөлөр институтунун башчысы Рита Карасартова президенттик аппараттын сотторго кат жазышы одоно мыйзам бузуу деп эсептейт. Анын пикиринде бийликке көз каранды соттор аппараттын катын түздөн-түз буйрук катары кабыл алат.

- Башка бийлик бутактарынын сотторго кат жазышы түздөн-түз басым болуп саналат. Өзгөчө президенттин аппараты. Сотторду шайлоодо президент эбегейсиз күчкө ээ. Мындан тышкары жаңы Конституция боюнча соттордун үчтөн бирин президент өзү кызматтан алат. Соттор президентке толук көз каранды. Ошондуктан президенттик аппараттын кат жазышы түздөн-түз кийлигишүүгө жатат.

Кадыралиевдерден Карашевге “ак боз ат”

Ал арада айрым маалымат каражаттары парламенттик шайлоо учурунда Кадыралиевдин жакындары президенттик аппараттын жетекчи орун басары Аалы Карашевди Куршабдагы “Асел” деген кафеге коноктоп, сот ишин оң жакка чечип берүү үчүн пара иретинде ак боз ат мингизгенин жазышты. Бул боюнча Карашевдин өзүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Анткен менен Кадыралиевдин карындашы, экс-депутат Ыргал Кадыралиева Карашев менен жолукканын моюнга алып, ат мингизүү жөрөлгөсүн төгүндөдү.

- Бул жалган маалымат. Чындыкка коошпойт. Ооба, шайлоо учурунда Аалы Карашев менен Куршабда чогуу жүргөнбүз. Жанар Акаев да бар болчу. Ошол округда чогуу болгонбуз.

Кадыралиева депутат кезинде ишти жаптырууга бир топ аракет кылганы айтылган. Анын ишендиришинче, Кадыралиевдин сотуна Ак үйдөгү таасирдүү фигуралардын тиешеси жок.

- Азыр сот чечими чыкмайынча эч нерсе деп айта албайбыз. Мен азыр кызматта эмесмин. Сот ишине Ак үйдөн эч ким кийлигишкен жок. Менимче сот дагы эки жылга созулат. Андыктан сот чечими чыкканча биздин үй-бүлөнүн укугун сыйлап, бизге тийишпей тургула. Баарын сот чечет да.

Канжар Кадыралиевге карата Башкы прокуратура 2014-жылы бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Ал беш ай бою качып жүрүп, акыры өз эрки менен тергөөгө келген. Кадыралиев учурда үй камагында.

"Азаттыктын" архиви: Караларды ким тыят? 21-октябрь, 2014-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ош: башкы педагогдун орду талашка түштү

Талапкерлер: Авазбек Асанов, Салтанат Аманова, Абдували Балтабаев, Гүлайым Машрапова (солдон оңго).

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси жарым жылдан бери дайындалбай турат. Мунун себебин адистер аталган кызматтын талашка түшүп калганына байланыштырууда. Ошол себептүү бул орундун наркы 40 миң долларга чейин бааланып жатканы кабарланды.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов былтыр 1-июлда кызматынан бошогон. Калаадагы мектептердин башчысы ошондон бери "ана шайланат, мына шайланат" менен келатат. Күзгө чукулдап сынактын жыйынтыгы чыкты деген сөз тарап, кийин тастыкталбай калган.

Билим берүү жана илим министрлиги мунун себебин алты айдан бери ачык айта албай келатат. Министрликтин статс-катчысы​ Калыс Шадыканов бул жолу да үстүртөн гана маалымат берүү менен чектелди:

- Мамлекеттик кызматка дайындоонун өзүнүн процедурасы бар. Кээ бир дайындоолор керек болсо үч жылга чейин созулушу мүмкүн. Анын баарын мен силерге айта албайм. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисин дайындоо узарып жатканына да ошол себептер бар. Өткөндө талапкерлерди атайын тестирлөөдөн өткөргөнүбүздө, бир талапкер катышпай калыптыр. Ал “мен да тестирлөөдөн өтөм” деп талап кылды, эми аны да өткөрөбүз. Андан кийин талапкерлер менен маектешүү болот, жыйынтык ошондон кийин гана чыгат. Так жыйынтык качан чыгарын айта албайм.

Талпынган талапкерлер

Талапкер демекчи, аталган кызмат орунга жети адам өз талапкерлигин койгон. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Жеңиш Байзаков кайра ушул кызматта калуу максатын көздөп арыз берген. Эски кызматын сагынганбы, айтор бул мекемеде мурда жетекчи болуп иштеген Абдували Балтабаев менен Гүлайым Машраповалар да талапкерлердин катарында.

Талапкерлердин экинчи тобу. Жеңиш Байзаков, Мастура Шарипова, Рахманберди Назаров (солдон-оңго).
Талапкерлердин экинчи тобу. Жеңиш Байзаков, Мастура Шарипова, Рахманберди Назаров (солдон-оңго).

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Мастура Шарипова, Ош шаардык мэриясынын социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Салтанат Аманова, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров жана Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Авазбек Асановдор да калаанын башкы педагогу кызматына ат салышууда.

Ошто агартуу тармагында иштеген, атын атагысы келбеген адис буларга токтолду:

- Чынын айтсам, анчалык чоң эмес бул кызматка кадр дайындоо мынчалык саясатташкан эмес. Азыр апогейине жетти. Талапкерлердин арасында талаш аябай катуу жүрүп жатат. Ар бир талапкер өзүнүн “крышаларын” ишке салышты. Тагыраагы Ош шаардык мэриясындагы кишилер, Ош шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешке Оштон барган депутаттар жана андан сырттагы топтор ар кимиси өзүнүн кишилерин алып келгиси келип жатат. Ал тургай бул кызмат үчүн кээ бир талапкерлер тийиштүү кишилерге 40 миң долларга чейин акча берди деген да ишеничтүү маалыматтар бар.

Капилет өзгөргөн жобо

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, талапкерлердин ичинен Авазбек Асановдун шансы көбүрөөк. Кыязы, өкмөттүн айланасында да, министрликте да анын колдоосу чоңдой көрүнөт. Ал тургай Билим берүү министрлиги атайын жобону да Асановго ылайыктап өзгөртүүгө үлгүрүптүр деген сөз тарады.

Ош шаарында 60тай мектеп, 40тай бала бакча бар.
Ош шаарында 60тай мектеп, 40тай бала бакча бар.

Маселен, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчылык кызматы үчүн жарыяланган сынактын 29-июлда жарыкка чыккан жобосунда, талапкер беш жыл агартуу тармагында, үч жыл мектепте директор болуп иштеши керектиги жазылса, 30-ноябрь күнкү жободо директор болбосо да жарай берери жазылган. Алгачкы жободо “педагогикалык билим барлар гана” деп айтылса, кийинкисинде ага “гуманитардык багыттагы билими барлар да боло берет” дегендей маани кошулуп калган. Мунун экөө тең Асановдун ишмердүүлүгүнө туура келет экен.

Учурда ОшМУда иштеген Авазбек Асанов өзү мунун баарын четке кагууда:

- Мен жөнүндө айтылгандардын баары жалган. Муну бирөөлөр жөн эле ушак катары чыгарып, жайып жиберишкен го дейм. Бул жерде сынак акыйкат эле жүрүп жатат. Эгер акыйкат болбогондо, анда министрлик суроо-сопкуту жок эле бирөөнү дайындап коймок да. Биз тест тапшырганбыз, азыр министрликтен жооп күтүп жатабыз. Эмнеге кечигип жатканын чынында мен билбейт экем, мен ага азырынча комментарий бере албайм.

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Билим берүү баарына бирдей болсо...

Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны миңден ашуун.

Деген менен адистер Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисин дайындоо создугуп жатышынын себебин башка нерсе менен байланыштырышат. Алардын болжолунда, калаада өз таасирин кеңейткиси келген саясий күчтөр менен кызыкдар топтор бул кызматты ачыктан-ачык талашып жатат. Ага борбордук бийликтеги айрым чиновниктер да аралашып жатканын серепчилер ырастоодо. ​Серепчи Төлөгөн Келдибаев мындай дейт:

- Ош шаардык билим берүү тармагы коррупцияга белчесинен батып калган тармак. Мектептерге, бала бакчаларга азыр бир баланы алып кирүү кеминде беш миң сом турат. Ата-энелерден аркы-беркиге деп чогултулган акчалары канча. Мына ошолордун баарынан бир бөлүгү үлүш катары шаардык билим берүү башкармалыгына келип турат. Андан сырткары директорлорду кызматка коюп тыйын табышат. Ошон үчүн да ал жердин башчылыгына кызматка баргысы келгендер көп. Ал эми саясий топтор өз кишисин алып барууга кызыкдар болгонунун себеби, ал жерде мугалимдерди саясий максатта пайдалануу далалаты. Шайлоолордо, башка саясий өнөктүктөрдө мугалимдерди чогуусу менен айдап алып барып, кайсы бир керектүү адамды шайлатуу үчүн ошол жерге жүткүнүп жатышат. Ал жерди талашкан саясий күчтөр көп болгон үчүн азыр министрдин деле башы маң болуп калса керек.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына калаада 60тай мектеп жана 40ка чукул бала бакча баш ийет. Эмгек жамаатынын жалпы саны 6 миңдей киши. Республиканын экинчи борбор калаасында 60 миңдей окуучу билим алууда.

Кыргызстанда жаңы саясий кыймыл түзүлдү

Кыргызстанда жаңы саясий кыймыл түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Каракол: жамаат менен директордун тиреши

Каракол: жамаат менен директордун тиреши
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00

Ноокат: эл айыл өкмөткө нааразы

Ноокат: эл айыл өкмөткө нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Валиева: Гезиттер соттошуудан чарчады

Тамара Валиева

Кыргызстандын Көз карандысыз журналисттер бирикмеси алгачкы жыйынга чогулуп, маалымдоо каражаттарында иштегендердин социалдык абалын жана кесиптик эрежелерди талкуулайт.

2016-жылдын аягында түзүлгөн Көз карандысыз журналисттер бирикмесинин мүчөсү, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясынын өкүлү Тамара Валиева кыргыз журналистикасында оош-кыйыштарды ортого салды.

“Азаттык”: Журналисттердин социалдык маселелерин талкуулоого олуттуу бир себеп болдубу?

Тамара Валиева: Журналисттердин социалдык маселелерин талкуулап, коңгуроо кагууга олуттуу себеп же окуя негиз болгон жок. Бирок айтылышы керек болгон түйшүктөр бар. Мисалы, Кыргызстанда эле эмес, башка көпчүлүк мамлекеттердеги журналисттердин негизги көйгөйү – айлыктын, калем акынын аз экени. Нормадан көп иштөө, таң эрте жумуш баштап, түн жарымга чейин макала жазуу, маалымат таратуу... Ооба, биздин жумуштун табияты ушундай. Бирок ага жараша акыбети да болушу керек. Журналист ушундай берилип иштегени менен, аз өлчөмдөгү акча менен пенсияга чыгат. Аны көтөрүүгө эмнеге болбосун?

“Азаттык”: Талкуудан майнап чыгат деген ишеним барбы?

Тамара Валиева: Талкуулоого милдеттүүбүз. Биз ушундай жыйындарды уюштуруп, көйгөйүбүздү айтып турсак, пайдасы тийиши мүмкүн. Журналисттердин бирикмеси мурунку мезгилдегидей, курорт же башка жерлерге эс алуу үчүн жолдомо берүү менен эле алектенбей, ушундай маселелерди айтып, талкуулашы керек. Укугу бузулган журналисттер болуп калат. Журналисттер бирикмеси медиа ээлери менен кеп-кеңеш жүргүзүп, кызматкерлердин шарттарын жакшыртуу жаатында маселелерди көтөрүшү зарыл. Максат – журналистти эзип иштетүү болбошу керек.

“Азаттык”: Сиздер уюштуруп жаткан жыйында социалдык маселелерден тышкары, журналисттердин этикалык нормаларды сактоо жаатындагы көйгөйлөр да талкууланат экен. Сиз Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды кароо комиссиясында да мүчөсүз. Журналисттер акыркы кездери көбүрөөк кандай кемчиликтерге жол берип жатышат?

Тамара Валиева: Биздин комиссия “Медиа өнүгүү борбору” коомдук фонду менен гезиттерге мониторинг жүргүзүп келет. Тилекке каршы, гезиттерге гана байкоо салабыз. 2012, 2015, 2016-жылдары жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына таянсам, көбүнчө бир тараптуулук, баланс сакталбай жазылган макалалар басымдуу. Кыргыз журналисттеринин Этикалык кодексиндеги 23 берененин ичинен дал ушул бейтараптуулукту кармануу эрежеси көп сакталбайт.

“Азаттык”: Сиздерге калыстыкка нааразы болгондордон тышкары, дагы кандай арыздар келет?

Тамара Валиева: Албетте, көбүнчө бейтараптуулук эрежеси сакталбаганы, буйрутма макалалар боюнча даттанышат. Андан тышкары, Этикалык кодекстеги “Факт менен пикирди аралаштырбоо керек” деген норма сакталбаган, журналист өз оюн окурманга таңуулап, аны ынандырууга аракет кылган учурлар көп. Ошондой эле айрым гезиттер канча нускада чыгарын жашырат. Эреже боюнча, жазылууга тийиш.

Бирок, 2012-жылга салыштырмалуу 2015-2016-жылдарда кодекстин талаптарын бузган учурлар азайды. Чындыгы бар тамаша менен айта турган болсом, журналисттер жана басылма ээлери соттошуп, утулуп калуудан да тажашты окшойт. Көбүнчө, журналисттер утулуп жатпайбы. Соттошуп, убара тартып, канча баш ооруга да кириптер болууда.

“Азаттык”: Медиа арасында атаандаштык күчөп бараткан учурда этикалык нормаларды сактоо талабы канчалык максатына жетет деп ойлойсуз?

Тамара Валиева: Кесиптик этика нормаларын тоготпой коюу, жогоруда айтканымдай, соттошууларга себеп болууда. Утулуп калгандар айыппул төлөп, басылмага каржылык зыян келтирүүдө. Андан тышкары, макаланын каарманы моралдык запкы тартат. Журналист коомчулукка такталбаган маалымат таратып, элди туңгуюкка түртүп жатат. Сенсациянын артынан кууп, “сары пресса” принциптери менен иштөө убактылуу ийгилик же пайда алып келиши мүмкүн. Бирок анын жоопкерчилигин да ойлонуу зарыл. Бир-эки жолу соттошуп, утулуп калгандан кийин ошол басылмага же журналистке элдин ишеними да жоголот.

Маалымат үчүн: Кыргызстандык журналисттердин Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Ал 23 беренеден турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы кодекс кабыл алынгандан бери иштейт. Комиссия курамында журналисттерден жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүнөн турган 13 киши ыктярдуу түрдө эмгектенишет. Төрагасы – юрист Шамарал Майчиев.

Кыргыз журналистикасында көйгөйлөрүнө арналган талкуу 18-январда саат 17:00дө Бишкектеги Shar Dem ресторанында өтөт. Ага журналисттерден тышкары мамлекеттик, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мекемелердин басма сөз катчылары чакырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG