Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 05:29

Кыргызстан

Президенттикке талпынгандар

Ак үй.

Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 59га барып токтоду. Алардын онун саясий партиялар сунуштаса, 49у өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Президент болгусу келген 59 кишинин үчөө БШКга аты-жөнү, туулган күнү тууралуу жазылган арызынан башка эч кандай маалымат бере элек. Талапкер болууга талпынгандардын жетөө аял, алтоо пенсия жашында, дагы тогузу убактылуу жумушсуз жана экөө убактылуу тергөө абагында. Президент болуу дымагын билдиргендердин бешөө учурда Жогорку Кеңеште депутат, өкмөт башчы кызматын аркалагандары үчөө. Талапкер болом дегендердин экөө орто билимдүү.

Баш мыйзам боюнча президенттикке 35 жаштан 70 жашка чейинки жарандар гана ат салыша алат. Бирок БШКга 32 жана 34 жаштагы жарандар да арыз тапшырган. Дымактуулардын сакалдуусу 65 жашта. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов талапкерлерди каттоо тартиби боюнча мындай дейт.

- Биз мыйзам боюнча арызды албай койгонго акыбыз жок экен. Критерийге туура келбесе да арызын алып туруп анан себебин негиздеп беришибиз керек. Бир талапкердин жашы жетпейт деп арызын алган эмеспиз. Ал кайра сот аркылуу чечим чыгарып келип арызын тапшырды. Эми ошол эле жоопту кайра жөнөтөбүз. Жумушчу топ түзүлүп, талапкерлерди электен өткөрө баштады.

Абдыжапар Бегматов.
Абдыжапар Бегматов.

БШКга арыз жазгандардын арасында “түбөлүк талапкер” атка конгон 62 жаштагы Өмүрбек Бөлтүрүков да бар. Ал алтынчы ирет президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип жатат. Бөлтүрүков буга чейинки шайлоолордо "талапкер" деген статус ала алган эмес. Ал өлкөнү мен гана оңдоп кете алам деп ойлойт. “Бөлтүрүк” дыйкан чарбасынын башчысы үчүн 30 миң кишинин колу, миллион сомдук күрөө же кыргыз тил сынагы “баш оору” деле эмес:

- Тагдыр экен, алтынчы жолу коюп калдым. Биринчи жолу 1995-жылы койгом. Анда жетөөбүз болчубуз. Азыр болсо баары коюп жатышпайбы. Кыргыздар айткандай, "иттин уулу байгара" деле коюп жатат. "Мен ага караганда Бөлтүрүктүн баласымын да" деп тамашалап коем. Мурда 65 жашка чейин эле талапкер болсо болот эле. Эми 70 жашка чейин мүмкүнчүлүк бар, буюрса.

Рекорд койгондордон Бөлтүрүков жалгыз эмес, Турсунбай Бакир уулу да алтынчы ирет аттанып жатат. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен укук коргоочу Токтайым Үмөталиева төртүнчү ирет, Акбаралы Айтикеев үчүнчү жолу талапкерлигин көрсөтүп жатат. Экиден көп жолу талапкерликке ниеттенип жаткандар булар менен эле чектелбейт.

Академик Жамин Акималиев президенттик шайлоону эрмектегендерге нааразы. Анын ою боюнча талапкерлерди билими, жашы, соттуулугу боюнча электен өткөрүп, андан соң гана БШК каттоого алышы керек:

- Соттолгон кишилер президент болом деп катталып жатышат. Соту жүрүп жаткан кишилер, түрмөдөн чыккандары да жүрөт. Мыйзамды жакшылап карасак жакшы болот эле. Талапкерлерди конкреттүү критерий менен иргеш керек. Азыр деле 59 адамдын жарымын электен өткөрүп тизмеден чыгарып койсо болот. Келечекте мыйзамдарды кайра иштеп чыгыш керек. Анткени мамлекет башчысына талапкер болуу оюнчук эмес да.

Мамлекет башчынын кызмат ордуна ат салышып жаткандардын арасында жарандык коомдон 29 киши бар. Алардын катарындагы Рита Карасартова талапкер болуу деле чоң сыноо экенин айтууда.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Кыргыз тил сынагы, 30 миң кишинин колу, миллион сомдук күрөө – бул үч тепкич деле оор сыноо экен. Менимче талапкерлердин көбү ушулардан деле өтпөйт. Чыныгы талапкерлер аз эле калат. Айрымдар балким элге таанылуу үчүн же кайсы бир саясатчы менен биригүү үчүн талапкерлигин коюп жаткандыр.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова соңку маалымат жыйынында талапкерлердин 11инде буга чейин кылмыш иштери болгонун, айрымдары эки ирет соттолгонун билдирди.

Шайлдабекова: 11 адамга кылмыш иштер боюнча суроолор бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

Боршайком шайлоо бюллетенине кирчү талапкерлердин так тизмесин 10-сентябрда жарыялайт. Ага чейин талапкерлер кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын, миллион сом шайлоо күрөөсүн жана кыргыз тилден сынак тапшырышы керек. Мындан сырткары талапкердин соттуулугу жок болуп, акыркы 15 жылда Кыргызстанда жашап-жашабаганы эске алынат. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болом деп 89 жаран арыз берген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ысык-Көл: ыраазы жана нааразы туристтер

Ысык-Көл.

Ысык-Көл облустук милициясынын билдиргенине караганда, жайкы эс алуу башталгандан бери эс алуучулардан 54 арыз-даттануу түштү.

Бектур Мырзабек уулу Чолпон-Атага Бишкектен келген эс алуучулардын бири. Ал өзү эс алууда өткөргөн алгачкы үч күнүндөгү байкоолору менен бөлүштү:

- Пляжды иштетип жаткан адамдар жөнүндө айтсак, арасында өтө орой мамиле жасагандары бар. Саякатчыларды такыр сыйлабайт. Мисалы, атайын жайга машине токтотуп жатканда кичинекей эле балдар келип, орой сүйлөп, 100 сом, 50 сом төлө деп киришет. Сылык мамиле жок.

Жалал-Абаддан келип, “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында эс алып жаткан Жаңыл Сулайманова да жергиликтүүлөргө нааразы болду:

- Биз бул жерликпиз дегендей кылышат. Анан "каралар" да бар.

Ошентсе да эс алуучулардын жергиликтүү тургундарга карата көз карашы бир кылка деп айтууга болбойт. Дайыма келип эс алып жүргөндөр арасынан туристтерге мамиле жылдан-жылга жакшырып, конок күтүү маданияты жогорулай баштаганын байкагандар да арбын. Маселен, Алматы шаарынан келген Сергей жаратылышка да, элге да, тейлөөгө да ыраазы:

- Эс алуучуларга болгон мамиле жакшы. Сылык-сыпаа мамиле кылышат. Эң сонун.

Соң-Көл жайлоосунда жүргөн турист.
Соң-Көл жайлоосунда жүргөн турист.

Жергиликтүү таксист Мурат Үсөнов чындыгында мурдагы жылдарга караганда мамиле жакшырып калды, бирок, эс алуучулардын койгон дооматтарында да жүйө бар дейт:

- Азыр кичине жакшы болуп калды. Мурун эл бизге туристтерден ушунча акча келерин билчү эмес. Азыр кичине үйрөнүп келатат. Бирок тейлөө өтө жакшы эмес, моюнга алыш керек. Чет жактан, Казакстан, Орусиядан, Өзбекстандан келген эс алуучуларды жакшы кабыл алып, жөнөтүшүбүз зарыл. Кээ бирлер туура эмес мамиле кылып коюп жатат. Анан ал туристтер кеткенде үй-бүлөсүнө, мамлекетине айтып барса, Кыргызстан жөнүндө жакшы ой болбойт да.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, чыр-чатактарды системалуу көрүнүш катары баалоого болбойт. Ал маселеге адам факторунан улам караган туура деген ойдо:

- Мындай окуялар эми такай болбойт. Мисал үчүн чет мамлекетте деле, ошол эле Түркияда болсун, мындай фактылар орун алат да. Анан биздин көлдүктөр эле ушундай дегенден алыс болушубуз керек.

Жайкы сезон маалында туристтер менен жергиликтүү тургундар ортосунда чыр-чатак, уурулук сыяктуу көрүнүштөр жыл сайын катталып турат. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, быйыл жайкы сезондо эс алуучулардан милицияга 54 арыз түштү. Алардын бешөөн чет өлкөлүк жарандар жазган.

Туризм темасына арналган "Азаттык+" телепрограммасынын берүүсү:
"Азаттык+": турист баккан жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:01 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЕАЭБнын жаңы шарттары күчүнө кирет

Кыргызстанда 12-августтан тарта ЕАЭБдин жаңы техникалык регламенттери ишке кирет. Кыргыз өкмөтү аны утурлай маалымат жыйынын уюштуруп, өлкө, ошондой эле ишкерлер менен фермерлер жаңы шарттарга даяр деп билдирди.

Евразия экономикалык биримдигинин он сегиз техникалык регламенти бир нече баскыч аркылуу ишке кирет. Анын ичинен негизги бөлүгү 12-августтан тарта иштей баштайт. Бул негизинен азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу болмокчу. Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун журналисттерге билдиргени боюнча, жаңы эрежелер киргени менен чоң өзгөрүүлөр болбойт. Эң башкысы ишкерлер, фермерлер санитардык талаптарды аткаруусу зарыл:

- Техникалык регламенттер азык-түлүктү жана товарды ички рынокко сатуу үчүн чыгарган ишкерлерге багытталат. Мындан биздин ишкерлер менен фермерлер чочулабай эле коюшса болот. Анткени бул жерде деле байкаларлык өзгөрүү болбойт. Кыргызстандын өзүндө коопсуздукту талап кылган улуттук техрегламенттер бар. Алар ЕАЭБ техникалык регламенттерине окшош эле. Ошондуктан жаңы техрегламенттердин ишке кирүүсү менен шарттар катаалдап, талаптар өзгөрөт деп күтүүгө болбойт.

Ошентсе да айрым өзгөрүүлөр бар. Алардын ичинде товар атайын каттоого алынып, коопсуздук көзөмөлүнөн өтүүгө тийиш. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Исаковдун айтымында, ички базарда да сапаттуу товарлардын сатылышы шартталат:

- Бүгүнкү күнү ЕАЭБ аймагында бардык мамлекеттер базарларында көзөмөлүн күчөтүп, сапатсыз тамак-аштарды элдин дастарконуна жеткирбей, жок кылуу аракеттерин көрүүнү сунуштап жатат. Бул бизге да тиешелүү. Дыйкандар, ишкерлер базарга саткан товарларына сөзсүз түрдө сапаттык сертификат кагазын алууга тийиш.

Казакстан убада кылган 100 млн долларын берет

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда кирген. Андан берки аралык Кыргызстан үчүн өткөөл учур деп саналып, өлкөнүн бул экономикалык интеграцияга ыраатташуусуна мүмкүнчүлүк берилген. Орусия, Казакстандын каржылык жардамы менен даярдалган 33 сыноочу лаборатория жана 11 сертификат берүүчү орган ЕАЭБнин бирдиктүү реестрине киргизилген. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораторияларга жалпы суммасы 2 млн долларлык жабдыктар алынып келинди. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков маалымдап, Казакстан менен Орусиянын убада кылынган каражаттары сарпталып жатканын билдирди:

- Убада боюнча Орусия 200 млн, Казакстан 100 млн доллар бермек. Орусия негизинен бажы тармагын жаңылап-модернизациялоону каржылады. Мындан тышкары ветеринардык лабораторияларга заманбап жабдуулар коюлду. Ал эми Казакстан 100 млн доллардын 41 млн доллары боюнча сметасы бекитилди. Жакында жумуш башталат. Бул Жол картасында көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо, тагыраак айтсам, ЕАЭБ шарттарына ылайык иш алып баруу үчүн тиешелүү министрликтер менен тармактарга акча бөлүнүп берилет. Ал эми экинчи этап менен калган 59 млн доллардын сметасы даярдалып, Казакстан тарапка сунушталды, учурда казак тарап карап жатат.

Чакан жана орто бизнестин жагдайы

Ушул тапта кыргызстандык 21 ишкана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товар экспорттоо укугуна ээ болсо, дагы жети компания арыз тапшырган. Булар негизинен ири компаниялар. Ал эми чакан жана орто ишканалар мындай укуктан четте калып жатышканын, буга алардагы маалыматтары жана мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз экенин белгилешүүдө. Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Фархад Пакыров жаңы техрегламенттердин шартында иштөөгө толук түрдө даяр деп айтууга эртелик кылат деген пикирде:

Ишкерлерге үмүт берген кыргыз-чех форуму

Ишкерлерге үмүт берген кыргыз-чех форуму

Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму ачылды.

- Кептин баары чакан жана орто ишкерлерде. Анткени Кыргызстандын экономикасынын негизги бөлүгүн ушулар түзөт. Бирок ушул катмар учурда 12-августтан тарта күчүнө кирүүчү техникалык регламенттердин шарттары менен толук тааныш эмес. Аларга маалымат жетиштүү берилген жок. Жалгыз экономика министрлиги гана эмес, айыл чарба министрлиги, санитардык көзөмөл жүргүзүүчү тармактар тиешелүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок. Азыр чакан жана орто бизнестегилер чочулап турган учур. Аларга жөнөкөй тил менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүгө тийиш болчу. Ошондуктан толук түрдө даярбыз деп айтууга эртерээк.

Кыргызстан агрардык өлкө катары ички жана сырткы рынокко негизинен жашылча-жемиш, эт-сүт азыктарын сатат. Ошондуктан жаңы техникалык регламенттердин ишке кирүүсү кандай өзгөртүүлөрдү алып келет деген суроого жооп таба албай тургандардын арасында дыйкандар менен малчылар басымдуу.

Баткендеги "Алыш-Дан" био-кооперативинин башчысы Турсунали Төлөмүшев ЕАЭБ тарабынан берилген эки жылдык өткөөл учур туура пайдаланылган жок деп эсептейт:

- Биздин ишкана даяр эмес. Анткени, жаңы техрегламент боюнча экспортко товар чыгаруучу ишкананын өзүнүн цехи болушу керек. Ал цехтер өндүрүштүн тазалыгы боюнча ХААСП стандартына ылайык болууга тийиш экен. Бул маалыматты биз эми гана, жакында Экономика министрлиги уюштурган экспорт кербенинде гана уктук. Эки жылдан бери неге ушундай талаптар тууралуу маалыматтар дыйкандарга, чакан ишкерлерге жеткирилген эмес?

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирсе, 200 млн керектөөчүсү бар базар ачылат, биздин таза, органикалык азыктарыбыз бул базарда кымбат баага сатылат деген сөздөр айтылып, бирок эки жылдан бери ал толук ишке аша элек. Өткөн жылы Казакстан жана Орусиянын чек арасынан миңдеген тонна жашылча-жемиштер кайтарылса, Казакстан өлкөдөгү эпизоотикалык абалды негиз кылып, айрым эт-сүт азыктарын алып кирүүгө тыюу салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЕАЭБ: ишкерлер жаңы талаптарга даярбы?

ЕАЭБ: ишкерлер жаңы талаптарга даярбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Давран: Саудияга алданып барып сатылдым

Иллюстрация

Сауд Арабиясында сексуалдык кулчулукка кабылып, бир ай дегенде араң качып чыкканын айткан кыргызстандык жигит "Азаттык" радиосуна баштан кечирген азабын айтып берди.

"Ыйлап жиберем... Өткөн күнүмдү эстесем эле ыйлайм. Сөз таппай жатам..."

Бирде көзүнө жаш толуп, бирде үшкүрүп, бирде уялганынан бетин алаканы менен тосуп алып татаал күнгө кабылган учурун баяндап олтурган бул жигит азыр 23 жашта. Араб мамлекеттеринин биринде бай эркектердин колунда бир айга чукул сексуалдык кулчулукта жүрүп келген.

Биз аны Бишкектен Москвага кетип жатканда жолуктурдук. Каржы жагынан кыйналып турганын айткан Давран башкалар анын башынан өткөн кыйын акыбалга кабылбаса экен деген тилегин кайталап жатты.

Көкүрөгү кирдеп турган жигит баштан кечиргендерин сүйлөп берүүгө кыйылып жатып араң макул болду. Дарегин жана башка жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоону суранды. Аты-жөнүн да коомчулукка айтууну каалаган жок. Андыктан, өзүнүн уруксаты менен биз аны шарттуу түрдө Давран деп атайбыз. Жигит бизге окуя Сауд Арабияда болгонун айтты. Мындан башка аргумент жок болгондуктан, кайсы шаарда кулчулукка кабылганын ачык айтпай турууну чечтик.

- Бул окуя 2012-жылы болгон. Ал жакта бай эркектердин көбү жаш жигиттерди сатып алышат экен. Мен андай тагдырга тушуккан жигиттердин көбүн көрдүм. Анткени, байлар жигиттерин ээрчитип алып, кээде бир үйгө чогулуп, зыяпат да кылышат. Сулуу жигитти бир жумага 5-6 миң долларга алышат экен. Сыртка чыгарышпайт. Кээде күн бою өөп-жыттап кучактап жатат. Сен ошол ишти каалайсыңбы же жокпу, маанилүү эмес. Негизгиси анын каалоосу. Бирок такыр көңүлүңдү оорутпаганга аракет кылат. Сыпайы сүйлөп, өз каалоосун ишке ашырат. Кийин билсем, мени 14 миң долларга сатып алган экен. Аныгын билбейм, бирок ушул сумманы түшүнгөндөй болгом.

Оор күндөрдү эстеп олтурган Давран улам-улам тамеки тартып жатты. Мындай тагдырга тушуккан кезде 18 жашта экен. Үйдө жалгыз уул. Апасы жана эжеси бар. Атасы дүйнөдөн өтүп кеткен.

Ак жуумал, келишимдүү жигит Давран Жалал-Абад облусундагы кыштактардын биринде чоңойгон. Кичинесинен динге кызыгып, мечитке каттап жүргөн. Ажылык сапарына барып, илимдүү молдо болууну самап жүргөн кездердин биринде Оштон келген бир адам менен таанышып калат.

- Ал мени өз эсебинен араб мамлекетине алып барып келерин айтты. Сүйүнүп макул болдум. Ал кишинин аты Муктар болчу.

Бирок Давран таанышынын "асыл максаты" башка экенин билген эмес. Балким чыныгы ысымы Муктар да болбошу мүмкүн. Жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнө элек 18 жаштагы жигиттин ишенимине кирип, өз пайдасы үчүн атын башка айтышы да ыктымал.

Даврандын сөздөрүнө караганда, Муктар аны чет өлкөдө бир араб эркек менен тааныштырган. Паспортун алып, ошол эркекке карматкан жана документ иштерин бүтүрүп берерин айткан. Ошентип, Муктар "Сени менен ананыраак кезигебиз" деп изин жашырган. Тигил чет элдик адам болсо Давранды көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги жасалгалуу батирге алып барган:

"Колуңду тарт!" кыйкырдым. Болбоду. Күчүм жетпей койду... Динде "кай бир жасаган күнөөң үчүн кудай сени ар кандай жол менен жазалайт" деп айтылат эмеспи. Кайсыл жерде жаздым экен деп ойлодум.

- Үйүмдөгүлөр менен байланыша албайм. Унчукпай эле отурам. Телефонум жок. Же тил билбейм. Тигил эркектин жашы 50дөн ашкан. Бири-бирибизди түшүнбөгөндүктөн, кол жаңсап гана сүйлөшүп жаттык. Бир маалда тигил киши мага келип, колдорумду кармай баштады. Анын максатын түшүндүм. "Колуңду тарт!" деп кыйкырдым. Болбоду. Күчүм жетпей койду... Динде "кай бир жасаган күнөөң үчүн кудай сени ар кандай жол менен жазалайт" деп айтылат эмеспи. Кайсыл жерде жаздым экен деп ойлодум. Апамдын же эжемдин көңүлүн оорутсам керек деген ойлор менен алпурушуп жаттым.

Үйүн дүйүм-тамакка толтуруп салды. Бир жакка телефон чалат, көп өтпөй эле эшик тыкылдап, тамак-аш, мөмө-жемиш алып келип беришет. Чөнтөгүмдө тамеким бар эле. Аны чегип жатсам, бир жерге телефон чалып, кальян алдырды. Анысын чекпей койдум. Ошентип бир жумадай ошол батирде жаттым. Тигил арабдын аты-жөнүн да билбейм. Сураган да жокмун. Ал күндүз өзүнүн иштери менен чыгып кетет. Эшикти бекитип коёт. Бир күнү телефонун унутуп калды. Андан пайдаланып, Кыргызстандагы эжеме SMS жаздым. Мени алып келген адамдардан адашып калганымды, башка шериктерди тапканымды, жакында кайра бара турганымды жаздым. Башыма түшкөн окуяны айта албадым. Алар муну көтөрө албайт да.

Бир күн андан интернет сурандым. Тилин билбейм. "Интернет, Google" дедим. Ал мага телефонун берди. Google котормону таптым. Бирок ал жерде өзбекче сөздөр которулбайт экен. Орусча жакшы билбейм. Эптеп "сыртка чыккым келип жатат" деген сөздү арапчага котордум. Ал макул деп, мени көчөгө алып чыкты. Ошол жерде өзбекче сүйлөшүп жүргөн жигиттерди көрүп калдым. Алардын жанына барып, адашып калганымды айттым. Алар тигил арабдын ким экенин сурады. Ачыгын айткандан уялып, "бул мага жардам берем деп жүрөт" дедим. Тигилер араб менен бир нерселерди сүйлөштү. Анан "Сени бул консулдукка алып барат экен. Жакшы кишиге жолугупсуң, кыжалат болбо" деп айтышты. Эмне деп жооп береримди билбей, кайра ошол араб менен кеткенге мажбур болдум.

Бир-эки жигит аларга бийлеп берди. Мага улам тийишип жатышты. Оозу аябай сасыгандары бар экен. Кускум келип кетти. Ушундай күнгө туш келгиче, кудай деп Кыргызстанда жүрө бербейминби дедим.

Давран мындай азаптан кутулуунун ыңгайлуу жолу табылганча тигил арабдын үйүндө калууну чечкенин айтат. Башына түшкөн мүшкүлдү бирөөлөргө сүйлөп, жардам сураганга намысы жол бербептир:

- Кечке кучактап жатат. Биринчи күнү эле жасаган жоругун эсепке албаганда, калган күндөрү силер ойлогондой жаман иш кылбады. Мага такыр катуу сүйлөгөн жок. Чын айтсам, ал менин көңүлүмө карайт болчу. Көзүмө тигилип, мени сүйүнткөнгө аракет кылчу. Бир күнү дүкөнгө алып барып, кийим сатып берди. Бирок мен каалаган кийимдерди эмес, өзү жактырган кийим-кечелерди сатып алды. Узун көйнөк алды эле, анысы мага бир аз кичинекей экен. "Ушуну киесиң" деди. Анысы денеме жабышып турат. Баш бармагын көрсөтүп, сонун дегенсиди. Башыма бир чүпүрөктү оротуп койду.

Ал жакта бай эркектер сулуу жигиттер менен көңүл ачканды жакшы көрөт экен. Тигил киши бир күнү мени зыяпатка алып барды. Бирөөнүн үйүбү же эс ала турган жайбы, билбейм. Улгайган кишилер жаш жигиттер менен отурушат. Мени көрүп, дароо эки-үчөө келип, кучактап, бетимен эркелетип кармалап жатышты. Унчуга албадым. Эмне кыларымды билбей отура бердим. Бир-эки жигит аларга бийлеп берди. Мага улам тийишип жатышты. Оозу аябай сасыгандары бар экен. Кускум келип кетти. Ушундай күнгө туш келгиче, кудай деп Кыргызстанда жүрө бербейминби дедим.

Тигил кишинин мен үчүн төлөгөн акчасынын мөөнөтү бүттүбү, билбейм. Башка эркектер менен тааныштыра баштады. Мен чоң-чоң кишилер менен жатканга мажбур болдум, байке... Бир айга жакын убакыт өткөндө көчөгө чыкканга мүмкүнчүлүк болуп, качып кеттим. Полицияга бардым. Адашып калганымды эптеп түшүндүрдүм. Алар мени Аюб Хан деген кишиге алып барышты. Анын теги өзгөндүк, бирок азыр ошол жактагы чоң байлардын бири. Чачы узун экен. Ага да чындыкты айта албадым. Адашып калганымды түшүндүрдүм. Ошентип, алардын жардамы менен Кыргызстанга келдим.

Давран Кыргызстанга кайтып келгенден соң өзүн чет элге алып барган Муктарды издеп табат жана түшүндүрмө талап кылат:

- Жасаган ишин моюнуна албай койду. "Сен адашып калгансың" деди. Башкаларга даңаза болбоюн деп, унчуга албадым. Азыр намазымды окуп, диний амалдарды жасап жүрөм. Менин башыман өткөн окуяларды тааныштарым, туугандарым билбеши керек. Алар билген күнү мен өзүмдү жок кылышым мүмкүн. Ошондуктан тиги уятсыз, наадан киши менен тирешким келбеди. Унчуга албадым.

Давран ошол окуядан соң Москвага кетип калган. Жогорку диний билим алуу ниетинен кайткан. Апасы менен эжеси үчүн гана жашап жүргөнүн айтат. Жакында эки жумага Кыргызстанга келди. Көргөн-кечиргендерин бизге Москвага кайра кетерден эки күн мурун айтып берди. Ушул күндөрү Орусиядагы курулуштардын биринде эмгектенип жатат. Милиция же башка күч органдарына кайрылуу же психологдон кеңеш алуу тууралуу сунушубузду четке какты...

- Эмне деп арыз жазам? Араб эркектердин коюнунда жатып келгенимди жазамынбы? Тигинин жоругун кантип моюнуна коём? Беш жылдан бери депрессиядан чыга албай жүрөм. Аң-сезимимди коркуу сезимдери бийлеп алган. Аны бирөөгө айта албайм...

Даврандын баянын бул жерден угуңуз:

P.S.: АКШ мамлекеттик департаменти адам сатууга жана кулчулукка каршы күрөш боюнча дүйнөдөгү абал тууралуу 2017-жылдагы отчетунда Кыргызстанды экинчи орунга чыгарып, муну өкмөттүн акыркы жылдардагы алгылыктуу аракеттери менен негиздеген. Кыргызстан адам сатууга каршы күрөшүү жана мигранттарды мыйзамсыз ташуунун алдын алуу боюнча БУУнун глобалдык программасына Борбор Азия чөлкөмүнөн кошулган жалгыз мамлекет. Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстандын 175 жараны кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер.Сексуалдык кулчулукка кабылгандар арасында эркектер болгондугу тууралуу маалымат жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Таластык окуучулар: Тил билсек дил билебиз

Таластык окуучулар: Тил билсек дил билебиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Өкмөт энергетиканы басып алуудан сактайт

Иллюстрация

Кыргызстанда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы стратегиялык объекттердин катарына кирди.

Бул Коопсуздук кеңешинин президент Алмазбек Атамбаев кол койгон чечиминде көрсөтүлдү. Мындай чечим болочокто энергетикалык ишканаларды менчиктештирүүгө, басып алууга тыюу салат жана өлкө коопсуздугун алдын алат деп айтылууда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-июлда Коопсуздук кеңешинин “Стратегиялык объектилердин тизмесине сунуштар жөнүндөгү” чечимине кол койду. Ага ылайык, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы ачык акционердик коому Кыргызстандын стратегиялык өзгөчө маанилүү объектилеринин катарына кошулду.

Компания жетекчиси Айбек Калиев бул чечим өлкөнүн улуттук, энергетикалык коопсуздугун жана бул тармактын башка колго өтүп кетүүсүн алдын аларын "Азаттыкка" комментарий берип жатып билдирди:

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

- Энергетикалык система башынан эле стратегиялык объекттерге кирчү. Токтогул ГЭСи, аба чубалгылары маселелери. Энергохолдинг түзүлгөнүнө бир жыл болуп калды. Бул арада энергокомпаниялардын баарынын тең акциялары бизге өткөрүлүп берилди. Негизинен улуттук, энергетикалык коопсуздук маселесинен улам жана жеке колго өтүп, сатылып, менчиктештирилип кетпеши үчүн бул тармак стратегиялык объекттердин катарына киргизилди.

Калиев муну менен энергетика тармагындагы реформаларды улантууга да шарт түзүлөрүн белгилеп жатат.

100% үлүшү мамлекеттин карамагында турган Улуттук энергетикалык холдинг ачык акционердик коому 2015-жылдын этегинде түзүлгөн. Ал Энергетика жана өнөр жай министрлигинин базасында иштелип чыккан. Өкмөттүн чечими менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетикалык компаниялар, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Жалал-Абад электр”, "Ош электр" бөлүштүрүүчү компанияларынан тышкары “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармактары” акционердик коомдору бул холдингдин курамына бириктирилген. Бул аракет аркылуу тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңүү аракети көрүлөрү айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев холдингдин ишине баа берүү эрте экенин жана ал реформаларды жүргүзүп жатканын белгилөөдө. Эл өкүлү буга энергетика тармагына менчик инвесторлордун киришин мисал келтирүүдө:

- Энергосистемада өзгөрүү көп болуп жатат. Көз карандысыз энергетикага жетиштик, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жүрүп жатат, башка жаңы объекттер курулуп жатат, Чех мамлекетинин ишкерлери менен келишим түзүлүп жатат. Мурда менчик инвесторлор бул тармакка келчү эмес.

Мамлекеттин отун-энергиясы боюнча 5-10% запасы дайыма болушу керек. Жаңы объекттер курула турган болгондо эле карап, шашып калып жатпайлыбы. Өлкөнүн өндүрүшүнө жардам бергендин ордуна кармап жатат, тиякка, бул жакка жетпей калып жатат.
Райымбек Мамыров

Энергетика министринин мурдагы орун басары, эксперт Раимбек Мамыров Кыргызстан көп жылдан бери бул тармактагы башкаруу ыкмасын тандай албай жатат деп эсептейт:

- Акыкы он жыл ичинде энергетикадагы башкаруу ыкмасын тандай албай бир министрлик, бир холдинг, бир комитет кылып жатабыз. Азыр холдингди стратегиялык объекттердин катарына кирди. Өзү бул тармакты республика үчүн мааниси бар тармак катары карап, ошондой мамиле кылуу керек. Муну жогорудан башкарууну ордуна коюп туруп караш керек. Азыр отун-энергетика саясатын комитет, чарбалык маселелесин холдинг карап атат. Шапкасы алмашкандай эле болуп, өзгөртүүлөрдөн эч нерсе болгон жок да. Өзү энергетика тармагы бир кадам алдыда жүрүшү керек. Мамлекеттин отун-энергиясы боюнча 5-10% запасы дайыма болушу керек. Жаңы объекттер курула турган болгондо эле карап, шашып калып жатпайлыбы. Өлкөнүн өндүрүшүнө жардам бергендин ордуна кармап жатат, тиякка, бул жакка жетпей калып жатат. Андай болбошу керек.

Кыргызстанда Токтогул суу сактагычы жана буга уйкаш аталыштагы каскадга караган ГЭСтердин бардыгы стратегиялык маанидеги объекттердин тизмесине киргизилген. Буга байланыштуу мыйзамга ылайык бул объекттер өзгөчө кайтарууга алынган. Мындан сырткары стратегиялык объекттер мамлекеттин карамагында болуп, сатыкка коюлбашы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шайлдабекова: 11 адамга кылмыш иштер боюнча суроолор бар

Шайлдабекова: 11 адамга кылмыш иштер боюнча суроолор бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

Эже-сиңди: аялдар жана акча маселеси

Иллюстрация

“Эже-сиңдилер” уктуруусунда аялдардын финансылык көз карандысыздыгы деген эмне жана ага умтулуунун кажети барбы деген маселе талкууланды.

Бул суроону талкуулоого пиар адиси Айгүл Жунушалиева, мамлекеттик кызматкер Наргиза Орозова, жеке ишкер Айдана Амантурова катышты.

Айгүл Жунушалиева: Финансылык көз карандысыздык деп айтып жатпайсызбы. Мен толугу менен ар бир кыз-келинге, ар бир айымга бул нерсе керек деген пикирдемин. Сенин үй-бүлөң бар болсо да, жок болсо да, ата-энеңдин үйүндө жашасаң да кайсы бир жашка жеткенде, каражат жактан көз карандысыз болууга жетишүү керек. Бул өзүңө ишенимди бекемдеп, эркиндик берет.

Аялдын каалаганын кийип, каалагандай жүргөнү анын психологиялык абалы үчүн өтө маанилүү. Турмушка чыккан күндө да пальто алуу үчүн күйөөңдөн акча сурап отурбашың керек.

Жолдошуң колунда бар болсо деле ал сени өмүр бою багып, баары сенин оюңдагыдай болбошу ыктымал. Жашоодо өйдө-төмөн нерселер болот.
Айгүл Жунушалиева

Жолдошуң колунда бар адам болсо деле ал сени өмүр бою багып, баары сенин оюңдагыдай болбошу ыктымал. Жашоодо өйдө-төмөн нерселер болот. Кудай сактасын, балким ал ооруп калышы мүмкүн, балким ажырашып кетесиңер... Ошону үчүн ар бир аял колунан келишинче иштеп, акча табууга жөндөмдүү болушу керек.

Наргиза Орозова: Менин ата-энем, жакындарым “кыз билим алып, өзүн өзү багып кетиши керек” деп айтышат. Биздин үй-бүлөдө эки кыз, бир бала бар. Биздин үйдө ата-энемдин кыздарга мамилеси астейдил. “Булар окуп, эл-жер көрүп, ирденип кетсин” деп айтышат. Азыр айылдан шаарга келген кыздар контрагы кымбат окуу жайында окуп, юрист болгулары келет, бирок ага ата-энесинин шарты жол бербеши мүмкүн. Аларды кыйнап, мал-жанын саттыргандан көрө кесиптик лицейлерден деле билим алса болот. Алар балким кесиптик лицейде окугандан уялат чыгаар, бирок ошол жакты бүткөндөр жакшы акча табат.

Айдана Амантурова: Кээ бир эркектердин иштеп, үй-бүлөсүн багып кетүүгө кудрети жетпейт. Алсыз келет. Ошону үчүн аял өзүнө өзү ишениши керек. Антпесе жашоо деген татаал дарыяда серпилип, жээкте калышың мүмкүн. Ар бир кызга кичинесинен тарбия, жакшы билим берүү керек. Дээринде бар, эстүү кыздар жерде калбайт.

Уктуруунун толук версиясын төмөндөгү аудиодон уга аласыздар:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Нарын: Малдын илдети айылдыктарды чочутту

Нарын: Малдын илдети айылдыктарды чочутту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

Декларацияга кирбеген киреше

Иллюстрация

Мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар толтурган декларациядагы маалыматтар чындыктан алыс экендиги айтылууда.

Мамлекеттик кызматкерлерди декларация тапшыруу талабы өзүн актадыбы, чиновниктер эмне үчүн тапкан байлыгын, кирешесин жашырат, негизги мүлктөрүн эмне үчүн аялына жаздырат, топтогон байманасы менен декларациясы канткенде дал келет? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга коомдук-мамлекеттик ишмер Алманбет Матубраимов жана Кыргыз Республикасынын кадр кызматынын кирешелерди декларациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жанара Иманалиева катышты.

«Азаттык»: Жанара айым, мамлекеттик кызматкерлерди жыл сайын тапкан киреше-чыгашалары боюнча ачык декларация тапшырууга милдеттендирүүнүн негизги принциби же максаты эмнеде?

Декларация толтуруунун негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапкан кирешеси, короткон чыгашасы, мүлктөрүнүн ачык-айрым болушу жана коомго жарыяланышы.
Жанара Иманалиева

Жанара Иманалиева: 2004-жылы декларация жөнүндө мыйзам кабыл алынган, акыркы өзгөртүүлөр 2015-жылы киргизилген. Декларация толтуруунун негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапкан кирешеси, короткон чыгашасы, мүлктөрүнүн ачык-айрым болушу жана коомго жарыяланышы. 2012-жылы өкмөттүн токтому чыгып анда эки жобо чыккан, биринчиси - декларациялоо, экинчиси - аны анализдөө. Биз ошо жобонун негизинде ишти алып келе жатабыз.

«Азаттык»: Сиздердеги маалыматтар боюнча кандай, мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери өсүп жатабы, алар кайдан пайда таап жатат, ушул боюнча кандайдыр бир изилдөө, анализ, мониторинг жүргүзүлөбү?

Жанара Иманалиева: Бизде декларацияга карата гана анализ жасайбыз. Сиз айткандай негизде анализ жасабайбыз. 2013-жылы 12 мамлекеттик орган арасында түзүлгөн комиссия бар, алардын арасында прокуратура, салык кызматы, бажы кызматы ж.б. бар. Алардын ар бири мамлекеттик кызматкерлер боюнча өзүнө тиешелүү маалыматтарды жиберет. Чиновниктин же депутаттын кирешеси, мүлкү тууралуу маалыматы менен биздегини салыштырып, анализдеп чыгабыз, дал келеби же келбейби текшеребиз. Анын баарын корутундулап туруп, эң жогорку беш мамлекеттик органга (президент, өкмөт башчы, парламент спикери, Конституциялык палата, Жогорку Сот) жөнөтөбүз...

«Азаттык»: Алманбет мырза, мамлекеттик жогорку даражадагы кызматкерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын тапшырган декларацияларындагы маалыматтар менен чыныгы жашоодогу байлыгы дал келбейт, алар реалдуу байлыгын жашырат деп калышат. Ушунун чындыгы барбы, болсо алар эмне үчүн тапканын жашырат?

Бизде ачык-айрым салык төлөө маданияты жок. Мыйзамдар эл үчүн иштеген жок, тескерисинче эл мыйзам үчүн, бийлик үчүн эле иштеп жаткандай.
Алманбет Матубраимов

Алманбет Матрубаимов: Баарынын байлыктарын жашырып жатышы - салык төлөөдөн качуу. Бир мисал айтайын, Кытай тараптын маалыматы боюнча Кыргызстанга 10 миллиард долларлык товар өткөрсө, бизге киргени бир миллиард долларга жетпеген товар көрсөтүлүп жатат. Кытайда эмне үчүн толук маалымат деген суроо туулат. Аларда көптөгөн жеңилдиктер бар. Бизде болсо салыктарды жашырабыз, анын айынан декларацияны туура эмес толтурабыз. Бизде ачык-айрым салык төлөө маданияты жок. Мыйзамдар эл үчүн иштеген жок, тескерисинче эл мыйзам үчүн, бийлик үчүн эле иштеп жаткандай.

Азыр кайсы карапайым кишини укпаңыз мыйзамдарга нааразы, ал эми бийликте отургандар болсо жоопкерчиликтен качып, бардык мүлктөрүн мыйзамдан жашырып жатышат. Декларация маселесин жөнгө салуу үчүн убагында Америкада болгон “улуу депрессия” саясаты жүрүшү керек. Анда салык кызматына чоң бийликти, милдетти, жоопкерчиликти беришкен, керек болсо курал колдонууга чейин укук беришкен. Ошентип Америка өз депрессиясынан чыккан. Өлкө президенти Рузвельт “бизге коррупцияга аралашкан бийлик башындагы кландар жолтоо болуп жатат” деп айткан. Алар кимдер экен деп териштиргенде 118 кишинин тизмесин беришкен. Президент сотсуз, тергөөсүз, изилдөөсүз аларды жок кылууга уруксат берген. Мен муну менен дал ушундай ыкманы колдонуу керек дегенден алысмын. Бирок Америка болбосо да салык төлөбөгөндөр, байлыгын жашыргандар менен натыйжалуу күрөш жүргүзгөн Сингапурдун, Германия, Жапония, Кореянын тажрыйбасын неге албайбыз, Монголиянын мисалын эле карап көрсөк болот...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Турсунбеков жарым жолдон тизгинин тартты

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бир катар кеңешүүлөрдүн натыйжасында президенттик жарышка чыгуу ниетинен кайтканын билдирди.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков ага ишенбөөчүлүк көргөзүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүн экендигине карабастан, кызмат ордунда кала берүүнү көздөөрүн жана алдыдагы шайлоодо спикер катары көп партиялуу саясий башкаруу кырдаалында данакерлик (арбитрдик) милдетти аркалоо максаты бар экенин жарыялады.

Чыныбай Турсунбеков 31-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында демократиянын желаргысына ишенип, президенттик жарышка талапкер катары чыгуу ниети болгонун билдирди. КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер катары өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн курултай чечиминен соң, бир катар саясатчылар менен кеңешкенин айткан парламент спикери натыйжада баштапкы оюнан кайтканын жарыялады.

Чыныбай Турсунбеков ага карата саясий чабуул болгонун жашыра албастыгын айтып, партиянын ичиндеги ынтымак үчүн президенттик дымагынан кайтууга туура келгенин төмөндөгүчө белгиледи:

- Менин президенттик шайлоого баруу ниетим көп кишилердин шайын оодарып, көп талапкерлерге кыйынчылык туудура турганын көрсөттү. Ал турсун муну ниетимди билдирген күндөн тарта башка талапкерлерге караганда мага карата жийиркеничтүү каралоолор күчөгөнүнөн дагы байкасаңыздар болот. Анан, эң башкысы, партиялаштарымдын жана мага тилектеш болуп күйгөн адамдардын пикирлерин эске алуу менен учурдагы кызматтык ишимди уланта берүү чечимине келдим.

Көңүлү калган партиялаштар

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков төрага Чыныбай Турсунбеков президенттик дымагынан кайтуу билдирүүсүн кечигип кабыл алды деген оюн төмөндөгүчө билдирди:

- Чыныбай Акунович муну менен саясий салмагын бир топ жеңилдетип алды. Буга чейин депутат катары, фракция жетекчиси катары, парламент спикери катары топтогон кадыр-баркынын баарын аласалдырып жиберди. Ошондой кырдаалды ал өзүнө-өзү жаратып алды. Мунун партияга дагы залакасы тийди. Бүгүнкү айткан сөзүн мындан эки жума мурун курултайда айтканда, анда анын бул чечимин партиялаштар кол чабуулар менен тосуп алып, анын саясий бедели бир топ көтөрүлөт болчу. Бирок андайга барууга анын чамасы дагы, саясий кыраакылыгы дагы жетпеди. Анан анын атаандашып алып, партиялык кызыкчылыкты эске албастан туруп президенттик жарышка чыгам дегени саясаттагы чоң жаңылыштыгы болду. Муну менен ал өзүнүн абалын оорлотуп алды. Анан эми ал канчалык кайра аракет кылбасын, анын саясаттагы жолу татаалдашып кете берет.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Анткен менен Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызмат ордун сактап калып, шайлоо маалында данакерлик калыс милдетти аркалоону көздөй турганын айтты. Бирок август айынын орто ченинде парламенттин кезексиз жыйыны чакырылып, анда төрагага ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралышы мүмкүн деген маалыматтар да чыга баштады.

Спикерликти сактап калуу аракети

Чыныбай Турсунбеков жакында болгон жолугушууда парламенттин кезексиз жыйыны тууралуу президент А.Атамбаевге өз позициясын айтканын билдирип, мунун айланасында, чынында эле, саясий интрига бар экенин жокко чыгарган жок:

- Мен өзүмдүн пикиримди ачык айтып койсом эле "партиянын саясатына жана Атамбаевдин саясатына каршы кетип калды" деген болбойт. Айрым биздин партияга кирип алган депутаттар "Турсунбековду партиядан чыгарып, төрагалыктан алуу керек" деп жүрүшүптүр. Бул эми демократияны түшүнбөгөндөрдүн, бирөөнүн айткандарын гана аткарабыз деген адамдардын позициясы. Мен мындай нерсеге каршымын. Мага куугунтук болуп, кодулап, партиядан чыгарып коюшса, анан андан кийин көрөбүз да. Мени колдогондор дагы, мени сыйлагандар дагы жетиштүү экенине ишенем. Мына ошол адамдар менен бир пикирде болуп, ишти алдыга жылдырганга убактым дагы, мүмкүнчүлүгүм дагы жетишет.

Турсунбеков: Мен кызмат үчүн соодалашпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Артка чегинүүнүн себеби

Саясий чөйрөдө парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун президенттик жарышка талапкер катары чыгуу ниетин билдиргени анын саясий өз алдынчалыгын көрсөтүүсү катары кабыл алынган. Оппозициялык саясатчы Равшанбек Жээнбеков, бирок, анын артка чегингенин мындайча сыпаттады:

- Анын дайыма жогорку бийликтин астында кызмат кылып келген психологиясы эркиндикке чыгууга жана басымга каршы турууга жол берген жок. Анын саясий духу жетпеди. Ошол үчүн ал сынып калды. Мунун жыйынтыгында аны спикерликтен кетиришет. Партиянын ичиндеги өзүнүн адамдарынын арасында ишенимди жоготуп алды. Көптөгөн душмандарды жаратып алды. Ошол үчүн аны төрагалыктан кетирүү аракети жакында башталат. Анын маалымат жыйыны учурунда "демократия бар экен деп, ишенип алыпмын" дегени эми жаш баланын сөзү да. Анын ээлеген кызматы демократиянын бар экенине ишене турган эмес, мына ошол демократияны кура турган кызмат да. Анан ошол адам желаргыга ишенип алыпмын дегени уят нерсе. Анан кайра баштапкы позициясынан кайтып, партиянын ички ынтымагы үчүн деп актанганы жөн эле жомок. Муну менен ал, албетте, сынып калганын гана көргөздү.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков буга чейин президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип чыккан. Бирок анын бул сунушу бийликтеги КСДП партиясынын курултайында колдоо тапкан эмес. Партиянын жетекчилигинин өкүлү Ф.Ниязов эгерде Ч.Турсунбеков өз алдынча талапкер катары президенттик жарышка чыга турган болсо, анда бул саясий партиянын катарынан чыгарылышы ыктымалдыгын эскерткен.

КСДПнын өзүндө ички тандоо (праймериз) өтүшү керек болчу деп сын айтып чыккандар да болду, бирок президент А.Атамбаев партиянын ичинде "мындай талапкерди ылгоо иши өттү" деген пикирин жакында ачыктады.

Айтмакчы, азыркы тапта башка партиянын лидери жана президенттикке талапкер болуп жаткан Ө.Бабанов деле мындан он жыл илгери КСДПнын мүчөсү болчу жана ушул партиянын курамында парламенттик орун үчүн күрөшкөн. Башка партиянын курамында депутат болуп алган айрым саясатчылар эми өз алдынча же мурдагы партиясынын атынан президенттикке талапкер катары чыгууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Текебаевдин тарапкерлери ачкачылык жарыялады

Партиянын Бишкектеги кеңсесинде башталган акцияга төрт адам катышууда. 31-июль, 2017-жыл

“Ата Мекен” партиясынын учурда соттолуп жаткан төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери 31-июлдан баштап ачкачылык жарыялашты.

Партиянын Бишкектеги кеңсесинде башталган акцияга төрт адам катышууда. Алар бийликке, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, "Саясий куугунтукту токтоткула!" деген талапты коюп жатат.

Ушул эле күнү Бишкекте экс-депутат Садыр Жапаровдун соту жүрүп жаткан учурда анын боштондугун талап кылган нааразылык акциясы да болду.

“Атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты

Өмүрбек Текебаевди колдоо максатын көздөгөн ачкачылык акциясы 31-июлда "Ата Мекен" саясий партиясынын Бишкектеги штабында башталып, ага азыр төрт адам катышууда. Алар суудан башка бардык тамак-аштан баш тарттык деп жатышат. Партиянын мүчөсү Айбек Султанкуловдун айтымында, акция мөөнөтсүз болот жана төмөнкүдөй талаптар коюлат:

- Биз мыйзамсыз кармалган лидерибиз Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылабыз. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышуусуна тоскоолдук, бут тосуулар болбосун деп талап кылабыз. Азыр Өмүрбек Текебаевдин шайланууга болгон укугун бузуп жатышат. Бийлик тарабынан бут тосуулар болууда.

“Атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

​Азырынча аталган талаптарга карата мамлекеттик тиешелүү тараптар расмий комментарий берише элек.

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон камактагы Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июлда четке каккан. Ал эми шайлоо иштерине жооптуу болгон Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени чечүү укугу жок экенин айтып, Текебаевге кайра сотко кайрылууну сунуштап, маселе арабөк абалда калган.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда уланган сот жараяны Текебаев менен Чотоновдун катышуусунда өттү жана анда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү окулду. Мурдагы аптада айыпталуучулар менен соттун кайым айтышуусунан кийин эки саясатчы сот залынан чыгарылып, акыркы эки сот отурумуна катыштырылган эмес.

Жапаровдун соту өкүмгө келди

Ушул эле Биринчи май райондук сотунда иши каралып жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун дүйшөмбүгө белгиленген соту кийинкиге жылдырылды. Өкүм угузулат деп күтүлүп жаткан бул күнү Жапаровдун тарапкерлери сот имаратынын алдында "Жапаровго боштондук!" деген чакырыктар менен нааразылык акциясын өткөрүштү.

Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

Жапаровго айыптоочу 15 жыл катуу тартипте жаза сурап жатат.

Саясат талдоочу Айнура Арзыматова камактагы саясатчылардын тарапташтарынын бул күнкү нааразычылык акцияларын сотко басым катары баалады:

- Эми ушундай тажрыйба кайсы цивилизациялуу өлкөдө бар? Соттук териштирүүлөр болуп жатканда ушундай болгон бизде эле бар го. Бирок канчалык ачкачылык, нааразычык акцияларына чыгышпасын сот аны укпайт го деп ойлойм.

Оппозициядагы үч саясатчынын иши териштирилип жаткан учурда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун имараты күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Жүздөй милиция имаратты курчоого алып, катышуучулар сотко дыкат текшерилип киргизилип жатат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жатат. Алар "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Бирок саясатчылар бул дооматты четке кагып, соттук териштирүүлөрдө коюлган күнөөлөр далилденбегенин айтып келишет.

Ал эми экс-депутат Садыр Жапаров Кумтөргө байланыштуу 2013-жылы Ысык-Көлдөгү нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп камалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, быйыл мартта камакка алынган. Жапаров да коюлган дооматтарды четке кагып келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бабанов: Бийлик менен тандемге барбайм

Бабанов: Аягына чейин күрөшөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынын куруп, президенттик орун үчүн аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткан саясатчы Өмүрбек Бабанов 31-июлда Бишкекте маалымат жыйынын уюштуруп, президенттикке талапкер болуу чечиминен баш тартпай турганын айтты. Буга чейин айрым маалымат каражаттары “Бабанов бийлик талапкери менен тандем түзүп, премьер-министрлик кызмат орду үчүн шайлоодон баш тартышы мүмкүн” деп жазышкан. Бабанов мындай маалыматтарды саясий атаандаштары атайын таратып жатат деп ойлойт:

- Мени бирөө менен тандемге барып, анан кийин талапкерлигин алып салып премьер-министрлик кызматка барат деген маалыматтар таркатылып жатат. Мен буга ачык-айкын, так жооп бергим келет. Президенттик шайлоодо аягына чейин барам. Кудай буюрса, бул шайлоодо элдин колдоосуна ээ болуп өлкөнүн президенти болом.

Бабанов өзүнө карата каралоолор токтобосо, сотко кайрылууга аргасыз болорун да эскертти. Ал буга мисал катары ата-энесинин тегине байланыштуу жалган маалыматтар тарап жатканын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында КСДП талапкер көрсөтпөсө, Бабановду колдомокмун деп билдирген:

- Эгер КСДПдан талапкер көрсөтүлбөгөндө Бабановду колдомокмун. Ачык айтайын, ушул тапта менин көз карашымда Жээнбеков баарынан жакшы талапкер. Калгандары ким утса ошол утсун.

Президенттин бул пикири бир топ күн маалымат каражаттары менен соцтармактарда кызуу талкууга түшкөн. Бабанов өзү болсо президенттин сөзүн сыймыктануу менен кабыл алганын белгиледи.

Ал премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып, башка талапкерлер менен бирдей укукта жарышка катышуусу керектигин кыйытты. Шайлоодо административдик ресурс колдонулбай, добуш берүү акыйкат өтүшү үчүн Атамбаев кепил болот деп ишенет:

- Социал-демократтар Сооронбай Шариповичти көрсөтсө, Алмазбек Атамбаев бир партиянын президенти болбой, жалпы Кыргызстандын президенти катары бардык талапкерлерге бирдей карайт деп ойлойм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, административдик ресурсту колдонтпой, бул шайлоодо өлкөбүз үчүн жаңы баракча ачып берет деп ишенем. Таза шайлоого президент кепил болушу керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Анткен менен Бабановдун маалымат жыйыны коомчулукта ар кандай реакцияларды жаратууда. Саясат талдоочу Марс Сариев Бабанов кырдаалга жараша премьер-министрлик кызмат үчүн соодалашууга даяр деп эсептейт:

- Административдик ресурс пайдаланылып, кырдаал Бабанов үчүн жаман жакка ооп баратса, ал премьер-министрликке барышы мүмкүн. Ал Жээнбековдун ордуна болчу өкмөт башчы бир да партияга кирбей, убактылуу иштеп турушу керек деп өзүнө орун даярдап жаткандай. Ал мындай пикир менен өзүнө жылчык издеп жатат.

Саясий эксперт Медет Төлөгөновдун пикиринде, Бабанов бийлик партиясы үчүн эсептешүү керек болгон чоң атаандаш:

- Жээнбеков Бабановду олуттуу атаандаш катары кабыл алат. Анткени Бабановдо акча ресурсунан башка да мүмкүнчүлүктөр кенен. Башка партияларга салыштырмалуу ар бир аймакта өз өкүлчүлүктөрү бар, алар уюшкандыкта иштешет. Ооба, Жээнбековдо административдик ресурс жана туугандык байланыштар күчтүү. Бирок анын жанында Бабановдун мүмкүнчүлүктөрүн четке какпашыбыз керек. Бабанов бийлик үчүн күчтүү атаандаш.

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика Ата-Журт" фракциясын жетектейт. Ал президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн. Талапкер болуу дымагын билдиргендер саны 50дөн ашты. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты

“Атамекенчилер” ачкачылык жарыялашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Турсунбеков: Мен кызмат үчүн соодалашпайм

Турсунбеков: Мен кызмат үчүн соодалашпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Жээнбековдун эл кыдырганы үгүтпү же ишиби?

Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы иш сапары учурунда.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун эл кыдырып, өкмөттүн пландарын айтуусу талаш жаратты.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын арызын карап, президенттикке талапкер катары көрсөтүлүп жаткан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузган жок деген чечимин чыгарды.

Жарандык активисттер Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер катары сунушталган премьер министр кызматынан пайдаланып, шайлоо мыйзамдарын бузуп жатат деп эсептешүүдө.

БШКга жазылган арыз

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы маалымат каражаттарга мониторинг жасап, анын жыйынтыгында Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Анда Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып жатканы белгиленип, маселени БШК жыйынында кароо талабы айтылган. Коалициянын жетекчиси Азамат Адиловдун айтымында, өкмөт башчынын жер-жерлерди кыдырып өзүнүн иши, өкмөттүн кийинки пландары тууралуу кеңири маалымат бериши үгүткө кирет жана бул шайлоо мыйзамдарын бузгандык болот:

- Ар бир талапкерге бирдей шарт болушу керек. Бул жакта премьер-министр жумушу тууралуу айтып, көпүрө, мектепти оңдойбуз деп айтып жатат. Бул үгүткө кирип калат деген суроо койдук БШКга. ММКларда бул жазылат, аны эл окуйт. Жазылгандын баары Жээнбековдун пайдасына иштеп жатат. Ошондуктан бул жерде үгүт бар, шайлоо боюнча мыйзамдын 22,23, 25-беренелери бузулуп жатат. (22-берене: шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, 23-берене: шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү, 25-берене: басылма, жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү - авт).

Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусу.
Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусу.

Учурда Жээнбеков премьер-министр катары ишмердигин улантып, аймактарды кыдырып, өкмөттүн жыйындарын өткөрүүдө. Анда мектептерди оңдоо, интернет киргизүү, жол куруу боюнча өкмөттүн планын айткан учурлары бар. Аны мамлекеттик маалымат каражаттары кеңири чагылдырууда.

БШК мыйзам бузуу тапкан жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын арыздарды териштирүү боюнча атайын жумушчу тобу коалициянын арызын карап, мыйзам бузууну тапкан жок. БШКнын мүчөсү, аталган жумушчу топтун башчысы Алмаз Асаналиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары расмий каттала элек болгондуктан эл кыдырып, сөз сүйлөшү үгүт деп бааланбайт деп эсептейт:

- Жээнбеков каттала элек. Мыйзамда ал катталгандан кийин өзүнүн кызмат ордун бошотуп берет деп жазылып турат. Ал киши азыр өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жатат. ММКлар өкмөттүн жасаган иштерин гана чагылдырууда. "Мен кыйынмын, мени шайлагыла" деген чакырык жок. Мыйзам чегинде эле болуп жатат азырынча.

Мыйзамдар бузулуп жатабы?

БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова болсо саясий жарышта ат салышуу үчүн арыз тапшырган же партия тарабынан көрсөтүлгөн күндөн тартып эле шайлоо мыйзамдарына жараша аракет жасашы зарыл деп эсептейт:

- Мыйзамда белгиленген тартип боюнча, катталган маалдан эмес, көрсөтүлгөн күндөн тартып бул адам талапкер болот. Ошондон тартып президенттикке көрсөтүлгөн адам дагы, анын коолдочулары дагы, маалымат каражаттары дагы, жөнөкөй жарандар болобу, мамлекеттик кызматкерлер болобу, мыйзамда көрсөтүлгөн чектен чыкпашы керек. Жок, мен катталгандан кийин деген туура эмес. Эгер өкмөттүн атынан айткысы келсе, анда бир эмес үч вице-премьер бар, министрлер бар, ошолор айтсын. Мыйзам деген так жазылып турат, укуктардын баары тең болушу керек. Азыр арыз тапшыргандар 50дөн ашып кетти. Башкалардын андай кызматы жок болсо, эл менен анчалык жолугуп өзү жөнүндө айта албаса, эмнеге азыркы иштеп жаткан премьер келечекте кыла турган пландарын айтып кызматынан пайдаланышы керек? Тең укуктуулук сакталышы зарыл.

Эксперттердин белгилешинче, өкмөт башчынын байма-бай эл кыдырышы башка талапкерлердин нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Муну айрымдар расмий каттоодон өтчү акыркы күнгө чейин административдик ресурсту колдонуу аракети катары да сыпаттап жатышат. Ал эми журналист Азамат Тынаев жогорку саясий кызматта иштеген адам шайлоого аттанган учурда дароо кызматын өткөрүп бере тургандай мыйзам зарыл болуп турганын айтты:

- Албетте анын иштеген, жүргөнүн көрсөтүш керек. Анткени бул абдан чоң кызмат. Шайлоодон башка дагы биздин жашообуздун, экономикабыздын негизги маселелерин чече турган кызмат болуп жатпайбы премьер-министрлик. Өзүнүн ишинин аткарганы боюнча таптакыр бөгөт да койо албайбыз да. Муну чечүүнүн жолдору бар. Эгер чоң кызматты ээлеген адамдар: премьер-министр, анын орун басарлары, министр же парламент төрагасы шайлоого барабыз дешсе, БШКга арыз тапшырары менен, расмий каттоодон өтпөсө дагы кызматтан кетүүгө мажбурлаган жаңы мыйзамдар керек болуп атат. Анткени биз билебиз, министр болуп иштеген адамдын ресурстары көп. Аны колдоно албай койбойт. Бул жактан саясатчылардын менталитетин дагы жакшы билебиз. Шайлоо алдында тең укуктуу, бирдей шарт түзүлүшү үчүн ушундай мыйзам зарыл болуп турат деп ойлойм.

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

Азырынча Жээнбеков өкмөт башчылык кызматын качан өткөрүп берери белгисиз. Өкмөттүн маалымат кызматы бул маселе боюнча комментарий бере элек.

31-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер болуу үчүн арыз жазгандардын саны 53кө жетти. Алардын онун саясий партиялар, калгандары өздөрүн өздөрү көрсөтүшкөн.

БШК талапкерлерди каттоону 15-августта баштайт. Үгүт иштери 10-сентябрда башталат. Президентти шайлоо 15-октябрга белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар көп"

"Жунда" заводунун жумушчулары

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда иштөө үчүн чет өлкөлүк 14 490 адамга квота бөлүнгөн, азыр анын 75 пайызы толгон.

Расмий маалымат боюнча чет өлкөлүк эмгек мигранты үчүн дагы 3000 орун бош. Бирок, квотасыз эле Кыргызстанда жүргөндөр, виза мөөнөтүн өткөрүп жашап, эмгек визасыз эле иштеп жаткандар саны он миңдеп саналат деген маселе парламентте да айтылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын так саны канча? Алар кайсы тармактарда, кандай кесиптерде иштешет? Эмне үчүн коомдо чет өлкөлүк жарандардын эмгектенүүсүнө мамиле ар кыл?

“Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов, ушул кызматтын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Кудайбердиев жана миграция боюнча эксперт Бакыт Адылов катышты.

“Азаттык”: Нурлан мырза, Кыргызстан эгемендик алгандан бери ички жана тышкы миграция күч алган мамлекеттердин катарына киргени баарыбызга белгилүү. Бирок, акыркы жылдары тышкы миграциянын көлөмү азайды деген маалыматтар бар. Ошол чынбы? Экинчиден, Кыргызстанга тыштан келген мигранттардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу көп деген маалыматтарга негиз барбы? Ушул тапта канча кыргызстандык тышта иштеп жүрөт жана Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын саны канча?

Нурлан Шерипов: Азыркы убакта чет мамлекетте Кыргызстандын 710 миңден ашык жараны эмгек мигранты катары иштеп жүрөт. Анын ичинде Орусияда 616 миң, Казакстанда 30 миңден ашык, Түркияда да 30 миңден ашык, Түштүк Кореяда 14 миңден ашык жана АКШ менен Европа мамлекеттеринде 20 миңден ашык адам иштеп жатат. Ал эми Кыргызстанга келип иштеген чет өлкөлүк жарандар менен беш мамлекеттик орган иштейт. Ушул органдардын расмий каттоосу боюнча жылына 120 миңден ашык адам келет. Алардын келген максаты ар кыл, бир гана эмгектенүү эмес. Ал эми быйыл 14 490 адамдын иштөөсүнө уруксат берилген. Азыр анын 75% толгон.

“Азаттык”: Бакыт мырза, мен кечээ ушул программага даярданып жатып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанда иштөөгө эмне кызыктырат деген суроону социалдык тармактардын колдонуучуларына жазсам алар Кытай, Түркиядан тышкары Куба, Иран, Афганистан, Пакистан жана Африка өлкөлөрүнөн келип, эмгек визасы жок эле иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар көп, ага көзөмөлдүн алсыздыгы өбөлгө түзүп жатат деп жазышты. Мунун чындыгы барбы? Алардын эмгек визасы менен Кыргызстанга келип иштешине негиз берген мыйзамдуу макулдашуулар барбы?

Бакыт Кудайбердиев: Быйыл 5-апрелде чет өлкөлүктөрдүн эмгектенүүсү боюнча жаңы нускама күчүнө кирди. Ал Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Анын талабы боюнча чет элдик жарандар эмгек визасын узартуу үчүн Миграция кызматына кайрылып, уруксат кагазын алышы керек. Миграция кызматынын уруксат кагазынын негизинде гана Тышкы иштер министрлиги эмгек визасын узартууга укуктуу болуп калды. Ушул нускама күчүнө киргенден кийин эмгектенүүгө келгендер уруксат кагазын алуу үчүн сөзсүз Миграция кызматына кайрылып жатышат. Чын эле 2015-2016-жылдары Кыргызстанда жашыруун иштеп жүргөн чет элдик жарандар көбөйүп кеткен болчу. Азыр биздин өлкөдө иштеп жаткан адамдардын ичинде Кытайдын, Түркиянын жарандары көп. Андан тышкары жогоруда белгиленгендей, Пакистан, Сирия, Африкадан келгендер бар. Жаңы Гвинея, Нигериянын жарандары мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде футбол командаларына легионер катары келишкен.

Кыргызстанга келип иштеген чет өлкөлүк жарандар менен беш мамлекеттик орган иштейт. Быйыл 14 490 адамдын иштөөсүнө уруксат берилген. Азыр анын 75% бөлүнгөн.

Нурлан Шерипов: Кошумчалай кетейин, чет мамлекеттик жарандардын 52% курулуш жана өндүрүш тармагында иштешет. Айыл чарбасында 2,3%, энергетика, геология, тоо-кен тармагында 21%, соода, коомдук тамактанууда 18%, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият тармактарында 6%, банк тармагында 1,1% түзөт.

“Азаттык”: Бакыт Адылов мырза, мурда миграция тармагында иштеген адис катары сизге чыныгы абал жакшы белгилүү болсо керек. Кыргызстанда ички жана тышкы миграция боюнча мамлекеттик саясат ырааттуу жүргүзүлүп жатат жана Кыргызстандын ички демографиялык абалы менен келечегине кандайдыр бир деңгээлде терс таасир тийгизген миграциялык процессти басаңдатуу аракети көрүлүп жатат деген ишенимдесизби?

Бакыт Адылов: Мамлекет тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясы кабыл алынган. Анда миграциялык саясат боюнча төрт багыттагы милдет алдыга коюлган. Алар кетип жаткан мигранттарды азайтуу, кеткендерди кайтаруу, чет жакта жүргөн мигранттардын укугун коргоо жана гуманитардык миграцияны жөнгө салуу. Тышкы жана ички миграция - өлкө экономикасынын күзгүсү. Экономика оңолмоюнча миграцияны токтотуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жер-жерлерде ишканаларды куруу аракетин күчөтүү керек. Эгер айылдарда өндүрүш жайлары курула турган болсо, ички миграциянын агымын азайтмак. Ички миграция азайса, сөзсүз түрдө тышкы миграцияга жакшы таасир берет.

"Мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:52 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык Карачев

Кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы жооптуу катчысы - Сыдык Карачев болгон.

Кыргыз профессионал адабиятын түптөөчүлөрдүн бири Сыдык Карачев чыгармачылык баралына келип турган маалында жалган жалаа менен камакка алынып, 37 жашында атылып кеткен.

Айрым маалыматтар боюнча, 1937-38-жылдары өзгөчө күчөп кеткен сталиндик аёосуз жазалоого бир нече миллиондогон киши кириптер болгон. Илимпоздордун ырасташынча, сталиндик репрессияга ишке жарамдуу калктын ар бир үчүнчүсү туш келген. Андай армандуу тагдырлардын болжолдуу саны Кыргызстанда 40 миңден ашуун.

Жазыксыз набыт кеткен кыргыз айдыңдарынын бири Сыдык Карачев (1900 - 1937) тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.

“Эрик таңында” менен “Ажардын” куугунтукка кабылышы

Кандайынан келгенде да Сыдык Карачевдин ​ адамдык, адабий тагдыры тууралуу өкүнүч менен кеп кылууга туура келет. Коммунисттик бийликтин жалындуу жактоочусун жаштайында жайралтып салышпаса, андан кара сөздүн мыкты чебери, таланттуу акын, таасын драматург чыкмак. Антип болжол курушка Сыдык Карачевдин артында калтырган адабий мурасы толук мүмкүндүк берет.

Сыдык Карачев (Сыдык Карач уулу, 1900 - 1937).
Сыдык Карачев (Сыдык Карач уулу, 1900 - 1937).

Сыдык Карачев Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында 1900-жылы бай үй-бүлөдө дүйнөгө келген. Жаштайынан ата-энесинен жетим калган.

Сыдык жаш чагында Каракол шаарына келип, Салих аттуу татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношот. (Тарыхчы Аида Кубатованын тактоосуна караганда, анын тегаты - Надыршин болгон). Ошол жадидчи, реформатор агартуучу С.Надыршиндин жардамы менен Сыдык шаардагы татарча жаңы усул (усул-и жадид) мектебинен окуйт.
1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде жергебиздеги улуттук жигиттерден кызыл гвардия бөлүмү түзүлгөндө, Сыдык да ага катталат.

Бул жерде ал улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, Казакстандын Лепси аймагында, анан атаман Анненков башчылык кылган ак гвардиячыларга каршы согушуп, кийин Бухара эмирдигин кулатууга катышкан.

С.Карачев 1920-1922-жылдары Ташкендеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштейт.

"Эркин-Тоо" гезитинин туңгуч саны жарык көрөөр алдында аны Ташкенге атайын чакыртышып, гезитке жооптуу катчы кылып дайындашат. (Сыдык буга чейин эле, Алматыда чыкчу "Көмөк" газетасында 1919-жылдары аз убакыт болсо да иштеген деген божомол бар).

Сыдык Карачев табиятынан көркөм сөзгө жөндөм-шыктуу, адабий табити сезимтал жан болгон. Кыска убакта, ара-чолодо жазган чыгармалары аны менен адабиятка чогуу аралашкан каламдаштарынан кыйла айырмалантып турушу көп нерсени ырастап турбайбы. Анан да Сыдык Карачевдин кыйла убакты-сааты гезит чыгаруу, журналистикага корогон. Текст менен иштөө, сүйлөм куруу, образ тузүү жагынан ал башкалардан чынында эле айырмаланып турган.

Сыдык Карачевдин журналисттик ишмердигине, анын адабий чыгармачылыгына белгилүү журналист, изилдөөчү Мундузбек Тентимишов да кызыккан.

- Бул киши да "Социал-туран партиясына тийиштүү" деген айып менен кеткен. Мен кызыгып изилдегем. Аны 1928-жылдан кийин эле четтетүү аракети башталган. Касым Тыныстановго тийген токмоктун баары эле буга тийген. Касымаалы Баялиновдун “Ажарына” тыюу салган учурлар болгон. “Ажарды" зыяндуу чыгарма деген 1933-жылы ВКП(б) обкомунун токтому чыккан. Ошонун бир капшыты Сыдык Карачевге тийип калган. Бул байдын тукумунан чыккан. Ал кездеги биздин интеллигенция экиге бөлүнүп калган. Бир тарабын Аалы Токомбаев, экинчи жагын Касым Тыныстанов баштаган. Сыдык Карачевдин “Эрик таңында” повести жакшы чыгарма болгон. Ал Касымалы Баялиновдун “Ажары” менен бирге катуу сынга алынган.

Ушундан улам, деги эле 1920-30-жж. сталиндик кандыбулоон, өз элине карата жасалган катаал жазалоонун, миллиондорду кабыргасы кайышпай, атып жок кылышынын, андай болбогонун абакта кыйнашынын, жер которуштуруп айдап ийүүнүн себеп-жөнү, адам өмүрү түккө турбаган катаал мезгилдин трагедиясы буга чейин жетиштүү айтылбагандай, ар тараптуу изилдене электей таасир калтырат.

Белгилүу тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова XX кылымдын башындагы кыргыз агартуучуларынын тагдыры жөнүндөгү теманы кыйла жылдардан бери изилдеп келатат.

- Совет бийлиги келгенден кийин буларды пантүркчүл, панисламчы деп куугунтуктай баштаган. Булардын өзөгү - XX​ кылымдын башындагы жадидчилик кыймылы болгон. Анда алдыга умтулуу, элди агартуу максаты коюлган.

Сталинчил репрессия кыргыз интеллигенциясынын алгачкы муунун чалгы менен чапкандай шылып кеткен.

Профессор Токторбек Өмүрбеков. 18.7.2009.
Профессор Токторбек Өмүрбеков. 18.7.2009.

Анын себеп-жөнүнүн бир өңүтүн тарыхчы, тарх илимдеринин доктору, КУУнун профессору Токторбек Өмүрбеков "таптык күрөш" деген сталинчил талапка баш ийдирилген жосунсуз жаатчылык жагдайына байланыштуу түшүндүрөт.

- Бул жерде жаатчылык деген болгон. Ал эми уруучулук дегенден кичине алысыраак болушубуз керек. Айрым элементтери болгондур. Жаатчылык болгондо, эми азыркыча айтканда, партия да. Тигил партия менен бул партиияда өзүнүн уруулашы болуп калышы мүмкүн да. Бирок ачыктан ачык уруу-уруу болуп бөлүнүп алган деген чындыкка жакындай бербейт. Бул жерде жеке кызыкчылык, топтун кызыкчылыгы деген өзүнчө бир кичи партиялар, кичи жамааттар түзүлүп, ошондон кеткен да.

Жаңы заман жактоочусу жана курмандыгы

Сыдык Карачев жаңы заманды жактыруу менен кабыл алган. Жогоруда учкай айтылгандай, Кеңеш бийлигин сүйүңкүрөбөгөн душмандарына каршы күрөшкөн кызыл аскер, кызыл гвардиячы болгон, аз убакыт болсо да, 1920-22-жылдары Ташкендеги советтик аскердик мектепте окуган. Мурдагы далай бай-манаптардын, бийлердин көптөгөн урпактары деле Кеңеш бийлиги тарабында болуп чыккан.

Өз башынан өткөргөн мына ушул карама-каршылыктуу мезгилди кийин С.Карачев чыгармаларында чагылдырган. Жаңы заман буга чейин кош эзүүдө басылып келген карапайым элге эркиндик, бакубат турмуш алып келерине айныксыз ишенген. Өзүнүн жаңы заман жарчысы экенин чыгармачылыгында далилдеген.

Сыдык Карачев адабий чыгармачылык менен журналистиканы эриш-аркак ала жүргөн. Караколдо иштеп жүргөн жеринен Ташкенге чакырылып, 1924-жылы "Эркин тоо" гезитинин алгачкы сандарын чыгарып, андан кийин да Бишкекте туңгуч кыргыз басылмасында жооптуу катчысы болуп алты жыл иштеген.

Каршылаштарынын чагымынан чочулап, 1930-жылы борбордон алысыраак Ош шаарында чыгып аткан "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу катчы кызматына которулган. Баары бир "пролетарчыл" сынчылардын бутасынан качып кутула албаган.

Сыдык Карачев өзүнүн эч күнөөсү жоктугун билип турса да, ушундай кылсам бир айласы табылар деп санап, Кыргызстан жазуучуларынын I курултайы ачылар алдында: "Эгер (болшевиктик) партиянын Борбордук Комитетинин адабият уюмдарын кайра куруу жөнүндөгү 1932-жылкы токтомуна чейин мен майда буржуазиячыл маанайдын туткунунда жүрсөм, кийинки учурларда улутчул көз караштарыма катуу, катаал карап, андан биротоло кол үздүм", - деген маанидеги интервью берүүгө аргасыз болгон ("Советская Киргизия", 1934, 21-апрель).

Артынан аңдыган саясий куугун аны менен токтолуп калбай, акыры жалган жалаа менен камакка алынып, буржуазиячыл улутчул, бай-манап тукуму айыбы менен атылып кеткен.

Ошону менен кыргыз профессионал адабиятын түптөөчүлөрдүн биринин - улуту үчүн колунан келген аракетин жасап, анын тезирээк билимдүү, алдыңкы калктардын катарына кошулуусуна кызыкдар азаматтын көзүн тазалашкан.

Аз убакыт ичинде жасалган албан иштер

Сыдык Карачев да ал кездеги көпчүлүк жазуучулардай эле чыгармачылык жолун ыр жазуудан баштаган. Ал ырларда жаңы заманга куттук айтуу, өзгөрүлгөн турмуш, аялдар тендиги сындуу заман талабына шайкеш келген темалар чагылдырылган.

Акындын "Шаңдан, жүрөк", "Айылдагы курбума", "Досума", "Эркин-Тоого", "Май", "Жаңы турмуш - жарык күн", "Эмгек таңында" сындуу ырларын ушундай десек болот. Маселен, "Шаңдан, жүрөк" деген ыры мындайча башталат:

Адашкан эл-журтунан мен бир безген,

Илим деп эл-жеринен эчак кеткен,

Мойнума эл милдетин артып алып

Түйшүктө нур жылдарым - жаштык өткөн.

Көркөм шөкөттөлүшу кыйла эле жупуну көрүнгөн ырдын жыйынтык куплетинде акындын айтайын деген негизги ою ачыкка чыгат.

Жаңы доор, жаңы турмуш кызыгына

Журөгүм толкундады оттой жанды.

Кайгылуу өткөндөгү муңдуу күнүм,

Кан кечип, эрксизден мен күлгөмүн,

Кетти изсиз элим менен сан күрөшкө.

Ат салыш (толку), шаңдан, эт жүрөгүм.

Сыдык Карачевдин адабий чыгармачылыгы алдыга илгерилеген сайын анын саясий каршылаштарынын аракети күчөгөн, өз элин билимдүү, маданияттуу болушун жактаган жазуучуга улутчул жарлыгын тагып, бай-манаптын тукумуна жаңы адабиятта орун жоктугун ачык эле айта башташкан.

Каршылашына таптын мүнөздөгү оор саясий айып тагуу ал кездеги идеологиялык күрөштөгү негизги курал болгон. Касым Тыныстанов менен бирге чыккан Карачев, Көкөнов, Баялинов, Жамгырчиев, Кененсариевди жаңы адабиятка жакындатпаш керектигин ал кезде идеячыл сынчы Ыбырайым Тойчинов айтып чыккан.

Кыргыз адабият тарыхын изилдөөчүлөрдүн пикиринде, Сыдык Карачевдин адабий шык-жөндөмү көбүнесе кара сөздө көрүнгөн. "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Эрик таңында" сындуу аңгемелеринде көөнө адат-салттардын жаңы заманга коошпой калышы, жаңыны жактоочулардын жеңиши негизги сюжеттик мотив катары чыгат.

1928-29-жылдары Сыдык Карачевдин төрт китеби жарыкка чыккан. Анын ичинде "Төрага Зейнеп", "Теңдик жолунда" деген эки пьесасы да бар. Баш-аягы алты-жети жыл аралыгында Сыдык Карачевдин колунан чыккан адабий чыгармалар төрт китеп болуп жарыкка чыгып, жаңыдан телчигип келаткан улут адабиятынын арымы кеңейе баштаган. Бирок да бул жүрүмдүн алдыга жылышына 1930-жылдардагы сталиндик кандуу жазалоо тоскоол болуп, Сыдык Карачев репрессиянын курмандыгына чалынган.

Касым Тыныстанов.
Касым Тыныстанов.

Сыдык Карачев, өзү жакшы көргөн профессор Касым Тыныстановдон (1901-1938) айырмаланып, болгон аракетин жалаң адабият, журналистикага жумшаган. Анын кара сөз, ыр, драмалык чыгармалары катарлаш каламдаштарынан кыйла айырмаланып турган.

С.Карачев 1958-жылы акталып, андан соң анын мурда жарыяланган чыгармалары топтолуп, 1967-жылы "Эрик таңында" деген ат менен жарыяланган.

Ал ушунчалык кыска мезгилде улут адабиятына чыйыр салган бир топ мыкты чыгармаларды артына калтырып кеткен.

Кыргыз улуттук адабиятынын XX кылымдын башындагы тарыхына кайрылган изилдөөчүлөрдүн бир да бирөө кыйгап өткүс феномендин кыскача тарыхы ушундай.

Редакциянын окурманга өтүнүчү. Урматтуу замандаш! Эгерде Сизде 1930-жылдары жазыксыз жазаланган Сыдык Карачевдин жана башка айдыңдардын тагдырына жана дооруна байланыштуу дурус сүрөттөр бар болсо, анда бул даректүү маалыматты биздин интернет редакторлорубузга жөнөтүп коюуңуздарды өтүнөбүз. Биз бул сүрөттөрдү жана башка мултимедия материалдарын окурмандарыбызга агартуучулук максатта акысыз сунуштамакчыбыз.

Бабанов: Аягына чейин күрөшөм

Бабанов: Аягына чейин күрөшөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Түндүк Корея: сыноодон кийинки сындашуу

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын июль айынын башындагы дагы бир ракета сыноосун армия өкүлдөрү менен белгилеп жатат.

Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракетасын учургандан кийин АКШ андай ракеталарды атып түшүрүүчү системасын сынады. Президент Дональд Трамп расмий Пхеньянды ооздуктабай жатат деп Кытайды сынга алды.

Түндүк Кореянын 28-июлдагы ракета сыноосу Корей жарым аралындагы жана Тынч океан аймагындагы бир катар аскердик аракеттерге түрткү берди. АКШ расмий Пхеньян жума күнү учурган континенттер аралык баллистикалык ракетаны атып түшүрүүгө жөндөмдүү THAAD системасын 30-июлда сынады. Американын Ракетадан коргонуу агенттиги кабарлагандай, Аляскада орнотулган бул система Тынч океанынын үстүндөгү С-17 аскердик учагы аткан ракетаны бутага жеткирбей 15-жолу ийгиликтүү атып түшүрдү.

Анын алдында АКШнын эки аскердик бомбалоочу учагы Корей жарым аралынын үстүнөн учуп өттү. 10 сааттык мындай машыгууга Жапониянын жана Түштүк Кореянын да учактары кошулган.

Расмий Пхеньяндын кадамы дипломатия жаатында да айыптоолорго туш болду. Түштүк Корея коңшусуна кошумча санкцияларды киргизүү чакырыгы менен чыкты. Жапон бийлиги Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы Жапониянын деңиздеги экономикалык аймагына түшкөнүн билдирди.

Түндүк Кореянын континеттер аралык баллистикалык ракетасы
Түндүк Кореянын континеттер аралык баллистикалык ракетасы

Премьер-министр Синдзо Абэ да расмий Пхеньянга кысымды күчөтүү зарылдыгын айтты:

- Континенттер аралык ракетанын учурулушу биздин коопсуздугубузга шек келтирген коркунуч реалдуу экенин көрсөтүп турат. Түндүк Корея мындай чагымчыл аракеттерин улантып жатса, АКШ, Түштүк Корея, Кытай, Орусия жана бүтүндөй эл аралык коомчулук чогуу кызматташып, кошумча кысым көрсөтүшүбүз керек.

АКШ президенти Дональд Трамп болсо Кытайды Түндүк Корея маселесин чечүүгө жардам бербей жатат деп айыптап чыкты.

- Кытайдан көңүлүм калып олтурат. Биздин акылсыз лидерлерибиз аларга жыл сайын соодадан миллиарддаган доллар табууга мүмкүнчүлүк берип коюшкан. Бирок алар Түндүк Корея маселесинде биз үчүн сөздөн башка эч нерсе кылышкан жок. Мындан ары буга уруксат бербейбиз. Кытай бул маселени оңой эле чечип коймок,-деп жазды 29-июлда президент Трамп Твиттердеги баракчасына.

Аймактагы коңшуларынан Кытай гана Түндүк Кореянын башкы соода -экономикалык өнөктөшү, Пхеньянга кандайдыр бир таасири бар өлкө деп саналат. Кытай бул жолу расмий Пхеньяндын ракета сыноосун айыптоо менен чектелди. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги мындай сыноо Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келерин эскертти.

АКШ президент Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин апрель айындагы жолугушуусунда Түндүк Корея маселеси талкууланган.
АКШ президент Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин апрель айындагы жолугушуусунда Түндүк Корея маселеси талкууланган.

Түндүк Корея болсо өткөн жума күнү учурган ракетасы АКШга чейин жете алаарын белгилеп, соңку сыноого Американын жаңы санкциялары себеп болгонун билдирди.

- Түндүк Кореяга санкция киргизген АКШга эскертүү берүү үчүн континенттер аралык ракетаны сынадык,-деп билдирди Пхеньяндын мамлекеттик телеканалынын диктору.

Айтмакчы, өткөн аптада АКШнын Конгресси Түндүк Корея, Иран жана Орусияга кошумча санкцияларды киргизе турган мыйзамды жактырып, президенттин кароосуна жөнөткөн.

Бирок расмий Пхеньян бул санкцияларга чейин эле жыл башынан бери бир нече ракетасын сынады. Эксперттер Түндүк Кореянын мурдагы лидерлерине салыштырмалуу Ким Чен Ындын учурунда өзөктүк жана ракеталык сыноолор көбөйгөнүн, расмий Пхеньяндын аскердик кудурети өсүп жатканын айтышат. Маселен, бул өлкө баш-аягы беш өзөктүк сыноо өткөрсө, алардын үчөө азыркы лидер Ким Чен Ындын учурунда ишке ашты.

АКШдагы Тынчсызданган окумуштуулар биримдигинин ракеталар боюнча эксперти Дэвид Райт Түндүк Кореянын соңку ракетасы Американын Лос-Анжелес, Денвер, Чикаго сыяктуу шаарларына коркунуч жарата алаарын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Аткаминерлердин айтылбаган байлыгы

Иллюстрация

Жакында Кыргызстандагы эң бай 200 үй-бүлөнүн тизмеси жарыяланган журналдын атайын чыгарылышы жарык көрдү.

Анын арасында өлкөдөгү ири ишкерлер, банкирлер менен катар эле мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеген же учурда иштеп жаткан жарандар бар.

Бул тизменин негизги өзөгүн башынан баштап ишкердик менен алектенип байлык топтогондор эмес, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келгендер же мурда бийликтин жогорку тепкичтеринде жүрүп, байлык топтоп, андан ары ишкердикке кеткендер түзөт.

Тизмеде 2010-жылдан кийинки ыңкылаптан кийин бийликке келгендер же алардын жакындары дагы бар. Бирок алардын көпчүлүгү бийликке келгенге чейин байышканын жүйө келтирип келишет.

Ошол эле кезде Монголиянын жаңыдан шайланган президенти мамлекеттен байлыктарын офшордук зоналарга чыгарып кеткен жарандарына карата 49 күндүн ичинде каражатты кайтарып келүү талабын койду. Кыргызстанда дагы ушундай аракетти ишке ашыруу мүмкүнбу?

Каз-катар байлардын тизмеси

"Тазабек" порталынын редакциясы Кыргызстандагы эң бай алдыңкы жүздүккө кирген адамдын жана дагы эксперттердин байкоосу боюнча эң бай үй-бүлөлөрдүн катарына кирет деп эсептелинген жүз жарандын тизмесин жарыялады.

Журнал "Кыргызстандын эң бай адамдары" деп аталып, түркүн түстө 128 баракты ичине камтып, 1000 нуска менен чыкты. Бул тизменин негизги өзөгүн мурдагы президенттер Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде, Убактылуу өкмөттө жана азыркы бийликте мамлекеттик чоң кызматтарда тургандар түзөт.

Тизменин баш сабында азыркы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Феликс Кулов, Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков турса, жоон ортосунда мурдагы каржы министрлери Болот Абилдаев, Акылбек Жапаров, мурдагы башкы бажычы Мурат Малабаев, учурдагы бажы башчысынын орун басары Райымбек Матраимов, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Бишкектин мурдагы мэрлери Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, азыркысы Албек Ибраимов жүрөт.

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайлары ээлик кылган фирманын айланасында жаңы жагдайлар белгилүү болду.

Мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, Максим Бакиев, мурдагы премьер Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева дагы тизменин сабынан орун алышкан. Анан дагы учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Сапар Исаков кеңешчилери Икрамжан Илмиянов менен Калыкбек Султановдун ысымдары дагы өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кирген. Алгачкы жолу байлардын рейтингине кирип жаткан Сапар Исаков менен Икрамжан Илмиянов биринчи топ жүздүктүн катарына эмес, эксперттердин пикири боюнча, кийинки эки жүздүктүн тизмесинде көрсөтүлгөн.

Президенттин кол астындагы кызматкерлеринин өлкөнүн эң бай адамдарынын катарына кандайча кошулуп жатканы боюнча суроого президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны учурунда төмөндөгүчө жооп берди:

- Эми мен ал журналда ким бар, ким жок экенин караган эмесмин. Анан ачык айтсам, мамлекеттик кызматта кедей эмес адамдар бар. Мисалы, менин кеңешчим Калыкбек Султановду бул кызматка келгенге чейин кедей болчу деп айта албайсың. Икрамжан Илмияновду канча казсаңар дагы эч нерсе таппайсыңар. Анан эле асылганыңар эле Икрам. Шопур болгондун баары эле жаман экен да. Мына ошентип айта берүү уят да. Мен Икрамга "сенин ордуңда болгондо шопурлардын партиясын түзүп, президент болмокмун" деп айттым. Ал болсо "саясатка тойдум, байке" деди. Бир нерсеси бар болсо, таап туруп, каматкыла.

"Оокатка тыңмын"

Бул журналдагы өлкөнүн эң бай адамдарынын тизмеси алфавиттик тартипте жайгаштырылып, бирок алардын кимисинде канча байлык бар экени тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Тизмеде ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун ысымдары да жүрөт.

Мындан сырткары Мүлк фондунун мурдагы төрагасы, парламенттин мурдагы депутаты жана экс-элчи Равшанбек Жээнбеков, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов, Оштун мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов, Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гаипкулов жана мурдагы парламент спикери Акматбек Келдибеков өлкөнүн эң бай адамдарынын тизмесине кирген.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшанбек Жээнбеков мамлекеттик кызматта болбогон мезгилде ишкердик менен алектенерин, бирок журналда көрсөтүлгөндөй ири байлардын катарына кирбестигин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Байкашымча андагы көп адамдар аябай бай адамдардын тизмесине деле кирбейт. Аларды болгону оокатына тың адамдар деп айтсак болот. Анткени мен андагы көп адамдарды билем. Ал тизмеде мен дагы бар экенмин. Менин укмуш бир бай адам эмес экенимди баары эле билишет. Мен өзүмдү миллиондогон доллары бар адамдардын катарына кошпойм. Тапкан дүйнө-мүлкүмдүн бардыгы декларациямда ачык-айкын көрсөтүлгөн. Мен чоң ишкердик менен алектенген эмесмин. Бирок өзүмдүн үй-бүлөмө жете турган ишкердик менен алектенип келем. Мамлекеттик кызматта иштебей калган учурларымда жеке ишкердигим менен алектенип келгем. Азыр дагы мамлекеттик кызматта иштебей жүргөнүмө байланыштуу үй-бүлөнү багуу үчүн жеке ишкердик менен алектенем. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Ошол иштебей калган учурларда келинчегим менен биргеликте ишкердикти түптөп, үй-бүлө багып келе жатам.

Байлык үчүн бийлик

Ошол эле кезде өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков ага чейин Социалдык фондду жана салык кызматтарын жетектеген. 2012-жылы Келдибеков коррупцияга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып, 2013-жылы сот жоопкерчилигине тартылган. Бирок кийинки соттук инстанция ага коюлган коррупция боюнча айыпты кылмыш ишинде далилденген эмес деген негизде четке кагып, калган беренелер боюнча аны акчалай айыпка жыккан.

Жакында "Ата Журт" партиясы Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Президенттик жарышка аттанып жаткан саясатчы Акматбек Келдибеков аталган курултайда байлык топтоо үчүн бийликти колдонууга жол бербөө маселесин көтөргөн болчу:

- Бийликти байлык топтоо үчүн ачыктан-ачык пайдаланып жаткандардын зомбулугуна чек коюлушу керек. Өлкөдө саясий кара тумоого айланып бара жаткан коррупция менен күрөшүүнүн башкы маселеси дагы адилеттүүлүктө жатат. Бул багытта "Ата Журт" саясий партиясынын так жана даана позициясы, көз карашы бар. Биз мамлекет башчысынан баштап, бардык бийлик бутактарынын жетекчилеринин жыл сайын эл астында өз ишмердигинин натыйжасы тууралуу отчет берүүсүн камсыз кылабыз.

Келдибеков: Президенттикке ат салышуу үчүн күрөшөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:03 0:00

Өздөрүн бай деп эсептебеген байлар

Мурда бийликтин ар кайсыл бутактарында жетекчилик кызматтарда жүрүп, бирок кийин мамлекеттик кызматтан же саясаттан биротоло кетип, кайра ишкердик менен алектенип жүргөндөр дагы бай адамдардын аталган тизмесине кирген. Мурдагы "Ак жол" деген бийлик партиясынан депутат болуп, байлардын тизмесин толуктаган Нургазы Айдаров бул жолу парламентке келүү вазийпасын бир тууган иниси Салайдин Айдаровго ыйгарды. Нургазы Айдаров парламентке келгенге чейинки өзүнүн ишкердигин улантууга кеткен.

Мурда КСДПдан депутат болгон, мурдагы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева дагы байлардын тизмесине кирген. Ал өкмөттөгү вице-премьерлик кызматтан бошогон соң, кайрадан ишкердикке кайтып барды.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Айрым байкоочулар Райымбек Матраимов Ош бажысын бир канча жыл жетектеп турганда коррупция тыйылбаганын, бул тармак оңолбогонун белгилеп жүрүшөт.

Учурда КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев дагы аталган журналдын тизмесинин башкы сабында турат. Ал буга чейин ишкердик менен алектенип жүрүп парламенттин мурдагы чакырылышында депутат, андан соң энергетика министри жана "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасын жетектеп жүрдү.

Акаев учурунда спорт, туризм министри болгон Өкмөтбек Алмакүчүков кийин ишкердикке кетип, учурда аталган журналдын рейтинги боюнча өлкөдөгү бай адамдардын катарына кирди. Мурдагы дагы бийлик партияларынан бир нече жолу парламентке депутат болгон, мурда Оштогу арак заводду башкарып, андан кийин Араван цемент заводунун жетектеген Азамат Арапбаев өзүн эч качан бай деп эсептеген эмес.

Учурда КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев Кыргызстандагы байлардын тизмесине кандайча кирип калганына таң калганын айтып өттү:

- Мен азыр ошол журналды окуп алып, аябай таң калып отурам. Мага бирөө-жарым келип же чалып бул тууралуу сураган да жок. Анан эле өзүмдөн эч нерсени сураштырбай туруп эле, кайсы бир критерийлердин негизинде мына ошол баалоону аныктабай туруп эле мени Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына киргизип коюшуптур. Бул туура эмес. Мен буга каршымын. Рейтинг чыгарып жатса, аны кандай жолдор менен баалап, аныктап анан чыгарып жатышканын бир ооз сурап коюшса болмок. Бирок андай болбоду.

Байлардын өзөгүн кимдер түзөт?

Талдоочулардын баамында, Кыргызстандагы байлар, бай болуп турса дагы өзүн байлардын катарына кошпой, реалдуу каржылык абалын жашырган өнөкөт күчтүү. Алардын айтымында, бул табылган байлыгынын чыныгы баштапкы таржымалын айтып түшүндүрүүнүн кыйынчылыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Экинчиден, байлар жеке коопсуздугуна байланыштуу маңдай тери менен иштеп таап, байлык чогулткан учурда деле байлыгын ачык шардана кылуудан чочулаган учурлар арбын. Мына ошондуктан эксперттердин айтымында, Кыргызстандагы байлар жогорку мамлекеттик кызматка келгенде киреше декларациясында дүнүйө-мүлкүн ачык көргөзүүдөн айбыгышат.

Икрамжан Илмияновду канча казсаңар дагы эч нерсе таппайсыңар.
Алмазбек Атамбаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов өлкөдөгү байлардын негизги өзөгүн мурдагы жана учурдагы мамлекеттик аткаминерлер же депутаттар түзө турганын төмөндөгүчө айтып берди:

- Тизмени карап, талдап чыкканда андагылардын көпчүлүгүн мурда мамлекеттик кызматта жүргөндө же учурда иштеп жаткандар негизги өзөгүн түзүп жатпайбы. Декларациясын көргөзгөндө "үйүм да, автоунаам да жок" деп жалаң төшүн кагып алдап, бирок ошол эле кезде эл арасында чыгарылган жыйынтык боюнча алар өлкөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктап жатышпайбы. Ошол тизмесиз деле азыр бизде ким канчалык байлык менен иш алып барып жатканын оңой эле байкап, аныктап чыгарууга болот. Өзгөчө азыркы учурдагыдай шайлоо маалында ошол байлар миилиондогон акчасын добуш сатып алуу үчүн жумшап, сапырып жатканын баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы. Ошол акчанын баарын алар каяктан тапкан деген суроо туулат.

Монгол тажрыйбасы

Ошол эле кезде ишкердик кылган, бирок баштапкы каржылык капиталын мамлекеттик казынаны же мамлекеттин ишканасын уурдап-тоноодон тапкан байлар адатта акчасын адалдаштырууга ашыга турган адат дүйнөдө жок эмес. Акчасын алгач офшордук зоналардагы банк эсептерине сактап, ал жактан адалдап алышып, андан кийин гана аны ишкердикке инвестиция жасаган учурлар байкалган дешет талдоочулар.

Офшордук зоналардын укуктук тутуму алардын мыйзамсыз жол менен табылган дүйнө-мүлкүнүн коопсуз сакталышына жана алардын кожоюндарынын ысымдарынын ачыкка чыкпашына кепилдик берет.

Анткен менен жакында Монголиянын жаңыдан шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга андагы саясатчыларга жана мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, офшордук зоналардагы банк эсептеринде сакталган акчасын жана дүнүйнө мүлкүн 49 күндүн ичинде мекенге кайтарып келүү талабын койду. Монголиянын президентинин тапшырмасы менен жүргөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 49 монгол жараны офшордук зоналарда акчасын кармай турганы аныкталган.

Монголиянын улуттук-коомдук телерадио корпорациясынын башкармалыгынын мүчөсү Арман Ален президенттин бул демилгеси тууралуу мына буларды билдирди:

- Биздин жаңы президент бир нече күн мурун бул маселе боюнча АКШнын Улан-Батордогу элчиси менен жолугушуп, мына ошол офшордук зоналардагы монгол жарандарынын катылган акчасын табууга жардамдашууну суранган болчу. Ал жактан мына ошол аныкталган ысымдардын байлыгын андан ары изилдөөгө көмөк көрсөтүүгө макулдук берилген. Учурда биздин жана АКШнын тиешелүү кызматтары бул багытта биргеликте кызматташып жатышат. Президенттин кайрылуусунда эгерде алар өз ыктыяры менен офшордук зоналардагы катылган акчасын Монголияга алып келе турган болсо, анда алар кылмыш жоопкерчилигинен бошотула турганы айтылган. Дайындалган мөөнөттүн ичинде алар офшордук зоналардагы акча каражатын же кыймылсыз мүлк сыяктуу кандайдыр бир активдерин Монголияга алып келгенин ырасташы керек. Болбосо буга чейин аныкталган маалыматтардын негизинде мына ошол офшордук зоналардагы банк эсептеринин ээлери мыйзам чегинде жоопко тартылышат.

Кыргызстанда мына ушундай демилге көтөрүп, буга чейин өлкөдөн уурдалып, чыгарылып кеткен акча каражаттарын издеп таап, алардын кожоюндарын аныктоо канчалык мүмкүн деген суроо кабыргасынан коюлууда. Анткени буга чейин офшорго тиешеси бар адамдар, юридикалык даректер ачыкка чыгып кеткен "Панама документтери" деген чуулгандуу тизмеде кыргызстандыктардын бар экени дагы аныкталган.

"Панама документтеринде" көрсөтүлгөн даректер офшорго тиешеси бар маалыматтар топтомундагы кыргызстандыктар катарында Владимир Никонов деген жарандын аты аталган. Мындан сырткары Бишкектеги жана Чүйдөгү юридикалык даректер чыгып калган. Мына ошолор тууралуу бирок кийин атайын текшерүү жүргөн эмес.

Интернеттеги булактар аркылуу изилдеген иликтөөчү журналист Элнура Алканова офшорго байланыштуу кошумча текшерүүнү талап кылган документтер көп экенин билдирди:

- Бул маалыматтар жабык маалыматтар. Ал маалыматтар ачыкка чыгарылып, анан жайылып кеткен соң гана биз ал тууралуу билип жатпайбызбы. Кээ бир документтерде канча өлчөмдө акча которуулар болгону так жазылган. Айрымдарында болсо офшордогу банктардын биринде эсеп ачылганы же болбосо компания түзүлгөнү туурасында гана маалыматтар чыгып, аттары гана көрсөтүлгөн. Бирок мына ошол компаниялардын ачылганы тууралуу маалыматтар ал жакка уурдалган акча салынганын далилдебейт. Анан эми "Панама" документтери боюнча бир гана Никонов дегендин ысымы чыгып калды. Ал жеке ишкер экен. Бирок андан башка дагы сайтка чыкпаган ондогон кыргызстандык адамдарга байланыштуу документтер табылган. Ошондой эле Кыргызстанга байланыштуу жарандардын ысымдары жана юридикалык даректер калкып чыккан. Алардын бардыгын Кыргызстандын укук коргоо органдары кызыгып, изилдеп чыкса аябай кызыктуу жана чуулгандуу маалыматтар чыкмак.

Ошол эле кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов офшордук зоналарга чыгарылган акча каражатын кайтарып келүү атайын кызматтар үчүн дагы татаал иш экенин билдирди. Марат Иманкулов мүмкүн болушунча акчаны кылмыштуу жол менен сыртка чыгарып кетүүгө жеринде жол бербөө зарылдыгы тууралуу маселеге мындайча токтолду:

- Мунун эң эле эффективдүүлүгү акча өлкөдөн уурдалып, анан сыртка чыгарылып кеткенден кийин артынан түшүп издегенден көрө ал уурдалып жаткан учурда кармап, анын бетин ачкан оңой болот. Акчаны уурдатпагандай система түзүлүшү керек. Анан эми акча сыртка чыгып кеткен соң аны мына ошол офшордук зоналардан издеп, таап, кайра мекенге кайтарып келүү атайын кызматтар үчүн дагы аябай эле татаал иш. Мамлекеттин акчасын сыртка чыгып, офшорлордун кайсы бирине аны уурдаган адамдар барып, салганын биз билген күндө дагы аны кайтарып келүү оңойго турбайт. Анткени ал жактын өзүнүн мыйзамдары бар.

Кыргызстандын атайын кызматтарынын соңку тарыхында өлкөдөн мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кеткен мамлекеттин акчасын кайра артына кайтарып алып келген көрүнүш боло элек. Бирок ошол эле кезде мурдагы кыргызстандык аткаминерлердин чет өлкөлөрдөн кыймылсыз мүлк сатып алганы жана алардын офшордук зоналардагы банк эсептери тууралуу учкай маалыматтар мезгилдүү басма сөзгө байма-бай жарыяланып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Нарында таш доорундагы буюмдар табылды

Нарында таш доорундагы буюмдар табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Апта: Алты жылдын отчету, Гүлнара Каримованын дайыны

Алмазбек Атамбаев.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

24-июлда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында 70тен ашуун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эксперттер менен жолугушту. Мамлекет башчынын айткан ойлору алты жылдык ишмердүүлүгүнүн отчету катары кабыл алынды. Көл жээгиндеги жыйынга галстуксуз келген Атамбаев үч жылдан бери салтка айланган жайкы брифингди акыркы жолу өткөрүп жатканын белгиледи.

Президенттин жооптору

Президент Атамбаев күзүндөгү президенттик шайлоого байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди. Бийликтеги социал-демократтар партиясы сунуштаган, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдорун дагы бышыктады.

Эгер ал түптөгөн партия талапкер көрсөтпөгөндө Өмүрбек Бабановду колдомоктугун айтып, "көрүнүктүү жигит" деп мүнөздөмө берди. “Ушул тапта менин көз карашымда Жээнбеков баарынан жакшы талапкер” деген Атамбаев “калгандары ким утса, ошол утсун” – деп жооп берди.

Аны менен катар эле Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого катышуу ниетин билдирген Чыныбай Турсунбеков боюнча суроого “адашпаган адам, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт»,- деген макалды эске салып, сурамжылоодо КСДПнын ичинен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкканын, экинчи Сапар Исаков болгонун билдирди.

Президент: Жээнбековго ишенем
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:26 0:00

Мамлекет башчынын мындай кескин пикиринен кийин спикер Турсунбеков президенттик шайлоого катышуу ниетинен баш тартканын жергиликтүү маалымат агенттиги жазды. Парламент төрагасы талапкерликке арызын БШКга али жаза элек.

Мамлекет башчы Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Текебаевдин сотуна барып көрсөтмө берип, “мага каршы чабуул коюш үчүн” биригип жатышат, алардын көбү "былык" иштери ачыкка чыгып калбасын деп коркушат деп айтты. "​Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет" - деп, кесе айткан мамлекет башчы Текебаевдин иши боюнча сотко басым болуп жатат деп айтылгандарды четке какты.

Атамбаев өлкөнүн тышкы саясатына байланышкан суроолорго дагы жооп берди. Эмне себептен АКШнын аскерий базасын чыгарып кетүүнү, Орусиянын Канттагы базасынын ижара мөөнөтүн кыскарткан себебине токтолду. “Бизди экинчи сорттогу эл катары эсептөөгө жол бербейбиз. АКШнын Мамлекеттик департаментинин, өзгөчө демократтардын бийлиги учурундагы Кыргызстан боюнча саясатына көңүлүм жылыбайт» деген президент 2014-жылы “Манас” аэропортунда турган транзиттик борбор чыгарылган учурду эстеди.

«Эсиңердеби, 2014-жылы. Жыл аягына чейин, үч ай аралыгында америкалыктар Каримовдун режимине 328 брондолгон машинелерди берди. Анын ар бири миллион долларга чукулдайт. Мына, демократиянын баасы. Мына, АКШ Мамлекеттик департаментинин демократия жөнүндөгү сөздөрүнүн наркы. Иш жүзүндө эскертишти» деген кыргыз президенти "328 брондолгон машинени эмнеге бизге берген жоксуңар" деп сураганын кошумчалады.

2001-жылы ачылган америкалык база ижара акысы үчүн Кыргызстанга жылына 65 миллион доллар төлөп турган. 2014-жылдын 10-июлунда база өлкөдөн чыгарылган.

2014-жылы "Манас" аба бекетиндеги транзиттик борбор.
2014-жылы "Манас" аба бекетиндеги транзиттик борбор.

“Бишкек аскерий жаатта өз күчүнө таянышы керектигин” айткан Атамбаев Орустардын Канттагы базасынын ижара мөөнөтүн 15 жылга чейин кыскартып, “бул үчүн орусиялык генералдарга жаман көрүнгөнүнө” да токтолду.

Кыргыз жергесинде Орусиянын төрт аскерий объектиси бар. Алар: Жамааттык коопсуздук уюмунун ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн Канттагы аба базасы, Караколдогу атайын сыноолорду өткөргөн аскер-деңиз базасы, Чалдовардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы автономодуу сейсмикалык бекет. 2009-жылы Москва – Бишкек ортосунда 49 жылдык ижара мөөнөтү аяктаганда аны 25 жылга узартууга жол берген макулдашууга кол коюлган. 2012-жылы кыргыз тарап орусиялык контингенттин мөөнөтүн 15 жылга чейин кыскарткан.

Журналисттер президентке маалымат жыйынында үч аптадан бери Чехия менен Кыргызстандын прессасынан түшпөй талкууланып жаткан Liglass trading боюнча да суроо беришти.

“Эгер чехиялык компания Кыргызстандын “РусГидродогу” 37 млн доллар карызын төлөй албаса, анда башка инвесторлорду издейбиз” – деген Атамбаев “чындыгында макулдашуу Кыргызстан үчүн пайдалуу жана жакшы шартта түзүлгөнүн” белгиледи. Кыргыз президентинин “РусГидронун” “үргөнүн” басуу үчүн 37 млн долларды кайтаруу керек деген сөзүнө териккен орус компаниясы атайын билдирүү таратты.

Анда "кыргыз өнөктөштөрдүн, анын ичинде кыргыз президентинин билдирүүлөрүнө жана системалык түрдөгү маалыматтык спекуляцияларына жол берилбестиги" белгиленип, "РусГидро" Кыргызстандагы ГЭСтерге салган каражатын кайтара албаса, эл аралык арбитраждык териштирүүгө барары эскертилген.

Liglass Trading CZ компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти курууну тендерде утуп алган. Инвестициялык макулдашууга 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен компания өкүлдөрү кол койгон. Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялагандан тарта эки өлкөнүн медиасы бүйүр кызыткан материалдарды жарыялоодо.

Бул апта ичинде эле чехтердин Lidové noviny гезити Кыргызстанда миллиондогон долларлык тендерди уткан фирманын кожоюну Михаэл Смеликти “кепеден чыккан миллиардер” деп мыскылдап чыкты. Hospodářské noviny (HN) "Чех ишкерлеринин 26-июлда кыргызстандык журналисттер үчүн пресс-конференция беребиз деген сөзүнө турбаганы кайрадан бүдөмүк суроолорду жаратты” - деп жазат.

​Шейшембиде Liglass Trading CZ компаниясынын веб сайтында жарыяланган видеодо анын жетекчиси Смелик алардын айланасында пайда болгон суроолорго жооп кайтарып, Прагадагы кеңсесин көргөздү.

Сотто чыр чыкты

25-26-июлда камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан Биринчи май райондук соту менен Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерликке арыз жазган “Ата Мекендин” лидеринин кыргыз тилинен тест тапшыруу маселесин чече алышкан жок. Адегенде ишти караган сот Айбек Эрнис уулу депутатка козголгон кылмыш иштин алкагында гана чечим чыгара аларын айтып, шайлоого байланыштуу маселени БШК карайт деп жүйө келтирген.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү узакка кеңешкен соң камакта жаткан Текебаевдин тест тапшыруусуна мыйзамдагы өксүктөр жол бербейт деген тыянакка келишти. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев ​"Биз бардыгын соттун өзүнө өткөрүп жатабыз. Анткени биз соттолуп жаткан адам конвой менен кыргыз тил сынагына алып барылсын деп сотко айта албайбыз. Мыйзамда конвой деген нормалар жок. Ошондуктан сот өзү чечсин" деп маселени кайра сотко оодарды.

Текебаев бийлик аны шайлоого катыштырбай коюу аракетин көрүп жатат десе, адвокаттары БШКга тестке катыштыруунун альтернативдүү варианттарын сунушташты. Текебаев бекитилген тизме боюнча 26-июнда кыргыз тилинен сынактан өтмөк.

27-июнда судья сунуштаган мамлекеттик адвокаттан Текебаев баш тарткандан кийин сот залында чыр чыкты. Айыпталуучу адвокаттары ооруп калгандыктан төртүнчү адвокат таап келээрин же ишти токтото турууну өтүндү, бирок сот аны четке каккан.

Сотто укугу бузулуп жатканын белгилеген Текебаев "сотту менсиз, менин адвокаттарымсыз эле өткөрүп, мамлекеттик айыптоочуну өзүңөр таап, дайындай койгон адвокат болуп сотту каалагандай уюштура бергиле. Мен анда соттук териштирүүгө дагы келбейм, акыркы сөзүмдү дагы айтпайм, өкүмдү дагы укпайм. Каалагандай чечим кабыл ала бергиле" – деп сотко кайрылды. Судья айыпталуучуну “сотко баш ийбегендиги” үчүн залдан чыгарды. Лидерине тилектештик билдирген Чотонов аны дагы чыгарып коюуну суранды. Андан ары сот иши айыпталуучулардын катышуусуз өттү.

28-июлда сотто дагы чыр чыкты. Адвокаттар тергөө ишинде алешемдиктер бардыгын айтып, ишти кайра артка жиберүүнү өтүнүштү. Сот ага макул болгон жок. Адвокаттар Эрнист Айбек уулуна 17-жолу ишеним көрсөтпөө билдирсе, судья бул ирет өтүнүчтү караган жок.

Мурдагы юстиция министри Мукар Чолпонбаев эгер айыпталуучу сот процессине катышуудан баш тартса судья ишти карап, өкүм чыгарууга Кылмыш-процессуалдык кодекси жол берерин белгилейт.

"Эгерде соттолуучу адам тартип бузса же сотту өткөрүүгө жолтоо кыла турган болсо аны чыгарып коюп, сот процесси жүрө берет деп жазылган. Эгерде адвокаттары дагы сотко катышпай турган болсо мамлекеттик жактоочу (кезметтеги адвокат) дегендер ишке катыша берерин" белгилеген экс-министрдин айтымында, мындай учурлар сотто көп эле болот.

Ал ортодо «Ата Мекендин» активисттери Текебаевге тил сынактан өтүүгө уруксат берилбесе, партиянын бир нече мүчөсү ачкачылык жарыялай турганын билдиришти.

Жапаров соттон актоону суранды

Жума күнү Биринчи Май райондук сотундагы процессте экс-депутат Садыр Жапаров акыркы сөзүн айтты. Соттун алдында оппозициячыл саясатчынын 100дөй тарапкерлери чогулуп, “Жапаровго боштондук!” деп кыйкырып турушту. Сот имаратын милиция күчөтүлгөн тартипте кайтарып, процесске катышууга келгендер текшерүүдөн өттү.

Сотто жабырлануучу катары көрсөтмө берген Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев "Сотто далил биринчи орунда. Эгерде Садыр Жапаровдун күнөөлүү экенин эл, баарыбыз билип турсак да, бирок юридикалык далил жок болсо акталууга тийиш" деп Жапаров акталышы керек деп сөзүн жыйынтыктады.

Жапаров өзү дагы «саясий жагына ооп кетпесеңер, карап туруп адамкерчиликтүү чечим менен мени актап бергиле» деп сотко кайрылды.

Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

24-июлда прокурорлор Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Кийинки сот 31-июлга белгиленди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага «адам өмүрүнө коркунуч келтирүү», «барымтага алуу», «ээнбаштык», «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ташкент Каримованын дайынын билдирди

28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова "кылмыштуу топ аркылуу мамлекетке чоң зыян келтиргени, мыйзамсыз жолдор менен ири өлчөмдө акча жыйнаганы" үчүн 2015-жылы беш жылга эркиндиги чектелгенин билдирди. Буга чейин Каримованын соттолгону тууралуу расмий маалымат чыккан эмес. Гүлнаранын жакындарынын айткандары боюнча, президенттин кызы 2014-жылдан бери түшүнүксүз жагдайда үй камагында жаткан. Өткөн жылы Гүлнаранын уулу энесине эч кандай айып тагылбаганын айткан.

«Ташкент облустук сотунун 2015-жылдын 21-августундагы өкүмү менен Каримова бир катар кылмыштар үчүн айыптуу деп табылып, беш жыл эркиндиги чектелген жаза чегерилди» деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл мекемеси Каримовага карата көз боёмочулук жана “үстөк” алып турган деген негизде дагы бир кылмыш иши иликтенип жатканын маалымдайт. Иштин алкагында аны камакка алуу чечими чыкканы айтылганы менен өлкөнүн биринчи президентинин кызы кайда экени тууралуу эч кандай маалымат берилбейт.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 12 өлкөдө Каримова кирген кылмыштуу топтун байлыгы бардыгы аныкталган. Анын суммасы 1 миллиард 394 миллион доллар, 63 миллион евро, 27 миллион фунт жана 18 жарым миллион франк деп көрсөтүлөт.

Маалыматка караганда, өзбек прокуратурасы Каримовага тиешелүү делген мүлк табылган башка өлкөлөргө кайрылып, аларды камакка алууну талап кылып жатат.

Прокурорлор Франциянын укук коргоо органдарына Гүлнаранын Париждеги батирлери менен “Шато де Грусси» сарайын жана Сен-Тропедеги бир нече вилла камакка алынсын деп кайрылышкан.

Орусиянын аймагында дагы Каримовага тиешелүү бир катар мүлк табылган. Москвадагы көп кабаттуу кымбат үйдөгү пентхаус, “Рублевкадагы” менчик үй жана дагы сегиз батир, Москва аннексиялап алган Крымдын Ялта шаарында мейманкана комплекси, дагы жалпы баасы эки миллион долларлык үй менен жер тилкеси бар.

Мындан сырткары Швецияда, Швейцарияда, Улуу Британияда, Бириккен Араб Эмирлигинде жана башка өлкөлөрдө Каримованын акча, алтыны табылганы билдирүүдө айтылат. Ушул тушта кылмыштуу топтун дагы башка көмүскөдө калган мүлктөрүн аныктоо жана Өзбекстанга кайтаруу боюнча ыкчам тергөө амалдары улантылып жатат.

Өзбекстандын биринчи президентинин бийлик мураскору деп жоромолдонгон Гүлнара Каримованын иши 2013-жылдан тартып кыйындаган. Бир катар Европа өлкөлөрүндө коммуникациялык компаниялардын Өзбекстандагы ири келишимдеринин шектүү жагдайларын текшерүү маалында Каримованын аты улам көбүрөөк атала баштаган.

Ташкенттин соңку маалыматы Гүлнара Каримова 2015-жылы атасынын бийлиги маалында беш жылга эркиндиги чектелгенин бышыктайт. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын директору Алишер Сыдыктын пикиринде, Ташкенттин бул иш-арасы Каримованын тагдыры дагы оорлой турганын, катуу чаралар көрүлөрүн көрсөтөт. "Сот болгонун, беш жылга эркиндигин чектөө боюнча өкүм чыкканын биринчи ирет жарыялап жатышат. Ушул тушта Каримова, балким, үй камагында болушу мүмкүн. Азыр эми жаңы кылмыш иштер тергелип жатыптыр. Бул кылмыш иштер сотко өтүп, чечим чыкканда ал түрмөгө камалышы мүмкүн" - дейт Каримованын европалык компаниялар менен мыйзамсыз иштерин иликтеген журналист. Убагында "канбийке" атка конгон Гүлнара Каримованын азыркы тагдырына өзбек коому негизинен кайдыгер экенин кошумчалайт журналист.

Каримова 2013-жылга чейин саясий-коомдук турмушка активдүү катышып жүрүп эле көрүнбөй калган. Кыска убакыт ичинде президенттин кызына тиешеси бар кайрымдуулук фонддору, телеканалдар, соода борборлору жабылган. Өзү болсо атасына жолуга албай жатканын социалдык сайттарга жазган. Жакындарынын айтымында, 2014-жылдан тарта Гүлнара үй камагына алынган.

Өткөн жылдын 3-сентябрында президент Каримовдун тажыясында дагы Гүлнара көрүнгөн эмес. Андан бир нече айдан кийин "Центр-1" порталы өзбек атайын кызматтарындагы булагына таянып, 44 жаштагы Гүлнара 5-ноябрда ууланып каза тапканын жазып чыккан. Бирок андай маалымат тастыкталган эмес. Өткөн жылдын этегинде Гүлнаранын уулу Ислам Каримов Би-би-си кызматына энеси бейформал үй камагында экенин айтып берген. “Ага эч кандай айып тагышкан жок, кайсы иш үчүн канчага камап салышканын айтышкан эмес” деген Ислам Каримов анын энесин “жок кылууну” көздөгөндөр бардыгын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Текебаев-Чотонов сотундагы тирешүү

Текебаев-Чотонов соту.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун сот иши курч карама-каршылыктар менен уланууда.

Өмүрбек Текебаев алардын мыйзамдуу укуктары тебеленип жатканына байланыштуу сотко нааразылык иретинде мындан аркы сот жараяндарына катышуудан баш тартуу боюнча билдирүү жасады.

Ал сотту жылдыруу боюнча өтүнүчтөрүнүн бардыгы четке кагылганына каршы болуп, "өзүңөр каалагандай өкүм чыгара бергиле" деп судья менен айтышып кетти.

Муну сотту сыйлабастык катары караган судья Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды залдан чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сотту атайылап создуктурууга жол берилбестигин айткан судья сот жараяны улантыла берерин жарыялады.

Адвокаттар "ооруп", сот өкүмгө шашылганда

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова 28-июлда судья Айбек Эрнис уулунун ишти кароосуна ишенбөөчүлүк көрсөтүп, андан баш тартуу боюнча он жетинчи ирет өтүнүч келтирди. Буга судьянын жактоочу тараптын келтирген өтүнүчтөрүнүн баарын четке кагып, сотко сыйлабастык көрсөттү деген негизде 28-июлда Өмүрбек Текебаевди сот залынан экинчи ирет чыгарып салган чечими негиз болду.

Соттолуучулар ошентип экинчи жолу өздөрүнүн сот жараянына катышпай калышты.

27-июлда Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары ооруп калганына байланыштуу сотко келбей калышкан. Мына ошондо сот жыйынын кийинкиге жылдыруу маселеси көтөрүлгөн. Бирок судья Айбек Эрнис уулу өз атынан адвокат дайындап, ишти кароону улантууну көздөгөн эле.

Дүйшөнкул Чотонов соттон эмнеге өкүм чыгарууга мынчалык шашылып жатканын сурады:

- Сиз чегине жеткирип жибердиңиз. Төрт саат убакыттан эмне өзгөрөт? Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары кечээ келген жок, анан бүгүн түшкө чейин келген жок. Үчөө тең маалымдама алып келип беришти. Алар айыкса эле чыга турганын айтып жатышат. Анан эле алардын ордуна башка бир адвокатты алып келип отургузуп коюп, "силерди бир күн болсо дагы, бир саат болсо дагы эртерээк соттойлу" дегенди ачыктан-ачык эле жасап, шашып жатпайсызбы. Мунун себеби эмнеде?

Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары.
Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары.

Сот жараянына протест

28-июлдагы соттун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев судья менен айтыша кетип, сот залынан чыгарылганга чейин ага кезметчи адвокатты таңуулап берүүгө анын акысы жоктугун эскерткен эле. Ал өзүнүн таламын талашып, айтышып туруп алгандыктан судья аны сот залынан чыгаруу чечимине келген эле. Анын астында Өмүрбек Текебаев укугу басмырланып жатканын айтып, мындай одоно мыйзам бузуучулук улана берсе, судьядан анын катышуусуз эле өкүм чыгара беришин талап кылган болчу:

- Эгерде биздин укугубузду басмырлап, өзүм билемдик менен ишти алып бара бере турган болсоңор, анда мен тергөө абагынан чыкпай, сотко келбей койом. Сотту менсиз, менин адвокаттарымсыз эле өткөрүп, мамлекеттик айыптоочу менен өзүңөр таап, дайындай койгон адвокат болуп сотту каалагандай уюштура бергиле. Мен анда соттук териштирүүгө дагы келбейм, акыркы сөзүмдү дагы айтпайм, өкүмдү дагы укпайм. Каалагандай чечим кабыл ала бергиле. Анан мына ошондой өкүмгө баа бере турган мезгил деле тез эле келет. Мен 10-15 жыл отуруп калам деп коркпойм. Анткени мен бул жакта анча жыл отурбайм. Жооп бере турган адамдар учуру келгенде жооп беришет.

Мына ошондон соң соттолуучуларды мурдагы күнү сот залынан чыгарган судья Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаевге кезметчи адвокат дайындоо чечиминен кайтып, анын өзүнүн адвокаттарынын катышуусун камсыздоо маселесин көтөрдү.

Мына ошондон кийин Өмүрбек Текебаев өзүнүн ден соолугуна байланыштуу сот жараянын кийинкиге жылдыруу боюнча өтүнүч келтирди. Бирок судья бул өтүнүчтү четке кагып, соттук кароону улантуу чечимин кабыл алды. Мына ошол мезгилде Текебаев судья мыйзамдын талабын аткарбай жатканын айтып, аны менен дагы бир жолу айтыша кетти. Судья болсо сотту сыйлабастык катары Текебаевди экинчи ирет сот залынан чыгарууну чечти.

Судья Эрнис Айбек уулу.
Судья Эрнис Айбек уулу.

Текебаевге тилектештик иретинде Чотонов дагы сот залынан чыгарууну сурады. Судья муну соттук кароону атайылап создуктуруу катары мүнөздөдү. Сот жараянына айыпкер өзү качып, келбей койгон учурлардан сырткары анын сотко катышып, өзүнүн кызыкчылыгын коргоо укугу Баш мыйзамда бекитилген.

Сот жараяны анын бардык катышуучуларына бирдей укукту камсыздап, соттук териштирүү укуктук жарыш иретинде өтө турганы мыйзамдарда көрсөтүлгөн.

Бекешов: сырттан өкүм чыгаруу практикасы бар

Бирок Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттолуучулар сотко катышуудан баш тарткан жагдайда кандайча иш алып баруу практикасы тууралуу мына буларга токтолду:

- Сотко алар барабы же барбай койобу, аны өздөрү чечет. Бирок сот алардын катышуусуз деле ишти караганга укугу бар. Анткени бизде мына ошондой тажрыйба бар. Мисалы үчүн бакиевдердин үстүнөн сот жараяны алардын катышуусуз эле өтүп, алардын сыртынан өкүм чыгарылган учурлар бизге белгилүү. Анан дагы Текебаев сотко барабы же жокпу, ал өзүнүн иши. Бирок сотко керек болсо, сот аны мажбурлап сотко алып келүүнү дагы камсыздай алат. Анан эми үч адвокаттын бардыгы бир күндө ооруп калбайт да. Жок дегенде алардын бири сотко келип турса болмок. Сот адвокаттар соттун ишин үзгүлтүккө учуратуу максатында ага келбей койгон учурда алардын лицензиясын алуу боюнча Адвокатурага жана Юстиция министрлигине кайрылууга толук укугу бар.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 2010-жылы 13-май күнү Текебаев жана Чотонов менен жолугушканын төгүндөгөн көрсөтмө беришкен.

Президент Атамбаев болсо, 24-июлда өткөн маалымат жыйынында 2010-жылы 13-майда эмне болгону эсинде жок экенин айтып, бирок 12-май күнү ошондогу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү жашырынып жатканын белгилеген.

- Алардын 13-майда эмне кылганын билбейм. Бирок 12-майда эч ким жок болчу, баары жашынып алышкан. Эгерде КСДП, заводдордун жумушчулары жана шаардыктар болбосо 12-майда бийлик алмашмак. Анткени элдер такыр башка иштер менен алек эле. Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет. Мен Бекназаров менен Отунбаева даярдаган улутташтыруу жөнүндөгү декретте 51 пайызды улутташтыруу боюнча маселе эмнеге кирбей калганын эң сонун билем. Ал эми өзүм жасаган иштерге ар дайым жооп берем.

Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген Эмилбек Каптагаев Атамбаев 13-май сот ишиндеги орчундуу күн болгондуктан, ал күнү кандай окуялар болгонун айткысы келбей жаткандай деген пикирин билдирген.

Ошол эле кезде Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары сотто алардын күнөөсүздүгүн тастыктаган жагдайлар эске алынбай, аларга карата адилетсиз мамиле болуп жатканын айтышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG