Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:19

Кыргызстан

Адам укуктарын эске салган жүрүш

Сары-Челек спортчу балдарга дем берет

Сары-Челек спортчу балдарга дем берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:25 0:00

"Дүйшөндөрдү" түйшөлткөн чечим

Чатырда окуган балдар. Ак-Жар айылы, Кочкор району. 16-апрель, 2014-жыл.

Айылдаштарыбыздын көпчүлүгү күн алыс өтүп жаткан тойлордо акыйкатчынын шайлоосу акыйкат болгон-болбогонун, президентибиздин БУУнун жыйынында кыргызча сүйлөгөнүн, районубуздагы Агарт айылындагы мектептин ал-абалын катуу талкуулап жаткан кербези.

Бирок мындайда маалыматтардын чын-төгүнүн териштирип, иликтеп-жиликтеп берген, айылыбыздагы эң күчтүү серепчи катары сезилген, кыштагыбыздын "Дүйшөнү" аталган Ибрагим агай эмнегедир мааракелерде баштагыдай ачылып сүйлөбөй калды. Маанайы пас, кабагы бүркөө жүргөнүн угуп, байкап калган жайым бар.

Кечээ кокусунан ошол агай менен райборборго чогуу сапарга чыгып калдык. Албетте, мындай учурду кое берген болобу? Ал-жай сурашып, агайды акырын кепке тарттым.

- Э-ээ эмнесин айтасыңар? "Төрт саат сабак менен башыбызды оорутпа" деген таризде кыскартууга илингеним. Ага деле өкүнбөйм. Балким алардыкы туурадыр. Убагында туура чечим кабыл албаганым кабыргамды кайыштырат.

Биз жаңыдан окууну бүтүп, ишке шымалана киришкенден аз өтпөй "кайра куруу" кирип келди. Анан "өткөөл мезгилдин" бороону сокту. Ошол кезде акыйып айлык караган мугалимдер эмне деген күндөрдү баштан кечирбеди! Айлыкка деп чүпүрөк, чылым сунушту, арак беришти. Баарын алдык. Башка аргабыз жок эле. Анан мектепте окуучуларга "ичпегиле, сигарет чекпегиле" деп насаат айтканыбыз менен үйүбүздө уятты жыйыштырып, арагын да, тамекисин да саттык. Азыр ойлосом уялып кетем. Кээде кризистин кесептинен, айлык айлап берилбегенинен үйүбүздө кара казан апталап кайнабай турган күндөр өттү.

Кара нан, кара чай менен бала-чаканын жалооруп турган көзүн кароо биз үчүн канчалык кыйынга турбады дейсиң? Бирок жан дүйнөбүз мектепке байланган экен, баарына чыдадык. Сабыр кылдык.

Көпчүлүк кебек жалап, ак пакетти көтөрүп алып, тегирмендин каласын пайлаган учурларда да биз мектепти таштабадык. Канчалаган кесиптештерибиз соода-сатыкка аралашып, далайы миграцияга кетип калды.

Алардын туура кылганын эми гана аңдап-билип жатам. Биз, «апендилер», кетпей койгон экенбиз. Эмне үчүн, билесиңби? Себеби көзү базылдап, ансыз да үйүндөгү жетишсиздик желкесинен басып турган балдарды кыя албадык. Алардын келечегин, эртеңкисин ойлоп, башка жолго түшө албадык. «Үмүтсүз шайтан» дегендей мугалим калкы "маданияттуу кембагал" атка консок да, жолубуздан тайбадык. Себеби биздин жүрөк балдарга байланган экен.

Эмичи? Баары өтүп кетти. Эми мага окшогон фанат мугалимдер бүгүн керексиз шекилдүү. "Аз сабак менен жарытпайсыңар, анын үстүнө араңарда пенсионерлер да бар" деп кыскартуу өнөктүгүн башташты. Кыскарганда да элеттик мугалимдер кыскарып жатат. Чыгышта «Өткөн күндү унутпа, ал келечектин сабагы» деген кеп бар. Анын сыңарындай артыңа бир үңүлчү. Бүгүн кыскарууга дуушар болуп жаткан элет жеринен кимдер гана чыкпаган? Ошол Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов, Насирдин Исанов… Айта берсе тизме улана берет.

Койкоюп креслодо олтуруп алып Сингапурду, Малайзияны, Түштүк Кореяны оозанган министр айымдын жогорудагы «теориясынан» кийин анын өмүр таржымалына кызыгып көрдүм.

Көрсө министр айым болгону бир жыл эле мектепте иштептир. Бул болсо мектептин "М сын" да жакшы тааный элексиң деген кеп. Анан медициналык орто окуу жайында сабак бериптир. Атайын орто окуу жайы менен мектептин түзүк эле айырмасы бар. Эми ошол мектепти дурусураак тааныбаган министр күндөп-түндөп ак баракка көзүнүн майын агызып, балдардын ызылдап-тызылдаганына, жакшы-жаманына кайыл болуп, канча жылдан бери үч-төрт саат менен иштеген мугалимдин мээнетин текке кетирип жатат.

«Өзүнүн үстүнөн иштебейт» дейт. Балким тескерисинче болсочу? Ашыгып көп саат алып, анысына жетише албай, балдардын акысына кыянат кылгандан көрө аз, бирок саз сабак алып, аны жагымдуу да, жугумдуу да, анан таасирдүү өтүүгө тырышкан мугалимдер жок дейсиңби? Түшүнбөйм, мугалимдерди кыскартуудан башка мектепте проблема жокпу? Анын ордуна «Мугалимдер статусунун» негизинде аларга турак жай берүү же ал үчүн жер бөлүп берүү сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрбөйбү, министр деген.

Мына кечээ жакында өзүбүздүн эле райондогу Нарай орто мектебиндеги окуучунун чачын кырккан окуясы кандай резонанс жаратты! Ооба, мында мугалим күнөөлүү болуп чыкты. Бирок мугалим жыргаганынан ушул кадамга барды дейсиңби? Ал жерде баланын укугу корголду… Мугалимдикичи?

Ал байкуш 13 жылдан бери эки чакырым жерге жөө барып иштеп келет экен. Анын окуучуларынын арасынан көпчүлүгү жогорку окуу жайларында окушат. Бирок ошончо кылган мээнетине эч ким карабады. Бир жаңылыштык үчүн тийиштүү чарасын алды. Эгерде кокусунан райондон текшерүү барып, ошол баланын чачы өсүп тургандыгын көрүп калган окуя болсо деле ошол мугалим күнөөлүү болмок, «балдардын чачтары өссө да караган эмес экенсиң» деп. Азыр ушундай болуп калган.

Балдар сабактан тышкаркы мезгилде урушса, жыгылса, тыгылса деле, катуураак каткырып күлсө деле, кымбат телефон алып бербегенине таарынып өзүн өзү асып алса деле, түн жарымда атасынын сакасын сарптап компьютердик клубда отурса деле мугалим күнөөлүү болуп калган. Дегеним, министр айым ушундай жагдайларды эске алып мугалимдерди кадыр-баркын көтөрүү, укугун коргоо сыяктууларга баш оорутушу керек эле. Тилеккке каршы, жер-жерлерди кыдырып, салтанаттарда тасма кыркуудан бошобой жатат…

Дагы бир нерсеге түшүнбөйм. Кыскартуу, текшерүү сыяктуулар болсо эле мугалимдер бутага алынат. Эмне үчүн, мисалы, министриликтерде шагырап жүргөн жардамчылар, референттер же салыкчылар, болбосо бажычылар кыскарбайт? Алардын бирөөсүнүн эле айлыгы эки мугалимдин айлыгына тете эмеспи. «Бир жылдык түшүм алууну кааласаң буудай эк, он жылдык түшүм алууну кааласаң дарак тик, жүз жылдык түшүм алууну кааласан бала тарбияла» дейт кыргыз эзелтен. Бирок бүгүн биздики башкача болуп жатат. Мунун натыйжасы бүгүн эмес, кийин билинет, - деп кейип барды агай райборборго жеткиче. Ичимде Ибрагим агайдын айткан армандуу пикирлерин көпчүлүк кандай кабыл алаар экен деген ойлор менен алпурушуп, жолумду андан ары уладым.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Идеал Хаустун" иши банкирди каматты

Бакиевдин уулуна тиешелүү экени кабарланган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстандагы БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов камакка алынганы маалым болду. ИИМдин маалыматына караганда ал мурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болуп, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Идеал Хаус” турак жай комплексинин сатылышына байланыштуу кармалган. Муну айрымдар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго каршы компроматтарды топтоо аракети катары сыпаттап жатышат.

Ички иштер министрлиги БТА банктын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы, Казакстандын жараны Темир Рыскулов «Идеал Хаус» турак жай комплексинин сатылышына байланыштуу камакка алынганын кабарлады.

Рыскуловго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси менен айып тагылууда. Алардын бири - “Кызмат абалынан аша чаап, кылмышка кошо катышуу” беренеси.

Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

- Темир Рыскулов учурда №1 тергөө изоляторунда отурат. Ал «Идеал Хаус» VIP шаарчасынын сатылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бүгүнкү күнү тергөө иштери уланууда. Кылмыш Кыргызстандын аймагында болгондуктан, ал кыргыз мыйзамдарына ылайык соттолот. Ага байланыштуу Казакстан эч кандай өтүнүч келтирген жок, - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Карима Жапаркулова.

«Азаттыктын» булактары маалымдагандай, Темир Рыскулов жакын арада бир нече ирет чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракеттенген, бирок чек арадан өтүүгө тыюу салынганына байланыштуу сапарга чыкпай калган.

БТА банктын өкүлү Залина Айталиева «Азаттыкка» комментарий берип жатып директорлор кеңешинин төрагасынын камалышынын банктын ишмердигине байланышы жок экенин айтты: ​

- Анын камалышынын БТА банктын ишмердигине тиешеси жок. Ал жеке тарап катары иштерине байланыштуу камалышы мүмкүн. Темир Рысалиевич тергөө жүрүп жатканына байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилди.

Сөз болуп жаткан VIP шаарчага байланыштуу чыр 2017-жылы күзүндө эркин журналист Элнура Алканованын иликтөөсүнөн кийин башталган. Журналист видео тасмада мурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болуп, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Идеал-Хаус” турак жай комплекси, тагыраак айтканда андагы 48 коттедж кыйла төмөндөтүлгөн баада 142 миллион сомго сатылып кеткенин айтып чыккан.

Алканова "ага БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскуловдун жана андагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тиешеси бар" деген далилдерди келтирген.

Андагы премьер-министр чуулгандуу тасманы жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон. Журналисттин иликтөөсүндө Темир Рыскулов Сапар Исаковдун өнөктөшү катары көрсөтүлгөн. Кийинчерээк журналисттин айыбы жок экендиги толук далилденген.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Рыскуловдун камалышын Сапар Исаковго компромат издеп, аны кысымга алуу аракети катары баалады:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Биздин иш боюнча тергөө амалдары азыр токтотулду. Ошондуктан бул жерде баары түшүнүктүү, алар азыр Исаковго каршы ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Темир Рыскулов Казакстандын жараны болгондугу аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын айтты:

- Кайсы гана мамлекеттин жараны болбосун, эгер ал дипломатиялык жана башка иммунитетке ээ болбосо, алар биздин мыйзамга ылайык жоопко тартылат.

“Идеал Хаус” боюнча Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакыт Мураталиев камалган эле. Бул ишке байланыштуу журналист Элнура Алканова да күбө катары бир нече ирет сурак берип чыкканын «Азаттыкка» билдирди.

БТА банктын 93,2 пайыз үлүшү Казакстанга таандык. Темир Рыскулов буга чейин банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, кийин төрагалык орунга келип, бул кызматты бир нече жыл аркалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Уланбек чындыкты издеп өттү

Уланбек чындыкты издеп өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:24 0:00

Эмгекчил карылар

Уланбекке "Эрдик" медалы расмий ыйгарылды

Уланбек Эгизбаев.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Эрдик" медалы ата-энесине тапшырылды.

Жыпаркүл Сариева менен Токтосун Калиев аны 1-октябрда президенттин колунан алды.

"Сиздер татыктуу уулду тарбиялагансыздар. Уланбек - бүт кыргыз элинин уулу. Мага да Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат. Ата катары сиздердин кайгыңыздарды жакшы түшүнөм. Уланбек уулубуз коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты жигердүү колдогон, — деген президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрү менен жакшы тааныш экенин жана алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргызстандыктардын жүрөгүндө, атамекендик журналистиканын тарыхында сакталып калаарын белгиледи.Мамлекет башчысы менен жолугушууга Уланбек Эгизбаевдин атасы Токтосун Калиев, апасы Жыпаркүл Сариева, ошондой эле "Азаттык медиа" мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова катышты. Журналисттин ата-энеси президент Сооронбай Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга ыраазылык билдирди. "Уулубуздан айрылган алгачкы күндөрдөн тартып көңүл бөлүп, колдоп, бизди кайраттандырып келесиздер", - деп белгилешти курман болгон журналисттин ата-энеси.

"Азаттык медиа" мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова жолугушууда коомдук уюмдардын демилгеси менен Уланбек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында иликтөө журналистикасы фонду түзүлгөнүн маалымдады.

"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) "Эрдик" медалы менен сыйланганы" тууралуу расмий маалымат 30-августта жарыяланган.

Уланбек чындыкты издеп өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:24 0:00

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2012-жылы "Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеген.

"Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган. Бирок студент кезинен тарта биздин сынактарга катышып, интернет сайтыбызга кызыктуу пикирлерин жарыялап келген.

"Азаттыктын" 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагында жалаң "К" тамгасынан түзүлгөн "Келечек колубузда..." баяны менен баш байгени утуп алган.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: "Саясатташкан мумия"), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: "Көрүстөндөгү коррупция") иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын-ала сатылып кеткенин айтып чыккан.

Уланбек Эгизбаев 2017-жылы Дача конушундагы учак кырсыгын терең иликтеп чыккан бирден бир журналист болгон. Ал урандылар арасынан табышмактуу документти таап чыккан эле (иликтөөнүн аталышы: "Кандуу жүк кимдики?").

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Акбаров: Меккеден Мекенди ыйык сакташ керек

Акын Атантай Акбаров.

Чоңдорубуз уктап жаткан мезгилде периштелер чоңдорубуздун мээсинен коррупция деген түшүнүктү таптакыр өчүрүп койсо, Кыргызстан жомоктогудай өлкөгө айланмак. Улутум Жер үстүнөн жексен болсо, Бейиштин бетин көргүм келбейт, Кудай!..

(Маектин 2-бөлүгү)

"Азаттык": Атантай мырза! Кыргыздар Месопотамияда жашаганы тууралуу сөзүңүз боюнча кесипкөй тарыхчылар өз оюн айтаар. Мен башында карманган темабызга тийиштүү суроомду улантайын. Мусулманчылыкты коомдогу бар терс көрүнүштөрдөн калканч, панацея катары ташбыйкаттоо канчалык туура деп эсептейсиз? Мага бул совет заманында “Марксизм-ленинизмге ишенүү-улуу жеңиштердин негизи!” (Верность марксизму-ленинизму - основа великих побед!), “Китепсиз билим жок, билимсиз коммунизм жок” (Без книги нет знания, без знания нет коммунизма) деген идеологиялык ураандарды эске салат...

Акбаров: Месопотамияда шумер атыккан эл жашагандыгы тууралуу чопо тактайчаларга жазылып калган чындыкты эч ким тана албайт. Сак, аз же жалпысынан скифтер деп аталган көчмөндөр ошол тарапта да жашап, алар тээ совет маалындагы илимий маалыматтар боюнча эле биздин элдин калыптанышындагы байыркы бир бутак катары эсептелип келген. Мени ошол эле шумерлердин айланасында жашаган хеттер, кутийлер, гергестер деген калктар тууралуу маалыматтар да кызыктырып калды. Шумерлер өздөрүн “саг-гиг”– багкача айтканда “сак-гуздар” деп аташкан. Ушунун өзү эле алардын кыргыздардын бабалары экендигин тастыктап турат. Хет тилинде алардын “арий” аталышы “арин” деп берилген. Демек алар “аруу” элдери атыгып, руханий да, өздөрүн алып жүрүшү жагынан да таза-табат элдер болушкан.

Ошол месопотамиялык көчмөндөр калпак кийип, теңирчилик дининде болуп, ал түгүл Манас деген каганы болуп, уламыш боюнча ал Манас ошол аймактагы элдерди бириктириши, биздин “Манас” эпосубуз менен шумерлердин “Гильгамешинде” көптөгөн окшоштуктар бар болуп, ал түгүл алардын көпчүлүк сөздөрү азыркы кыргыз тилиндеги сөздөргө окшош болуп жатса, анан калса, Алжир аймагынан эки кылдуу комуз табылып, темир комуз Непалга чейин жетип жатса, болгондо да аларды Батыш илимпоздору изилдеп, жазып жатса, анын үстүнө фараондордун ДНКсынан бери изилдеген немис окумуштуулары "ал аймактын падышалары африкалыктар да, семиттер да эмес, түрктөр менен кавказдыктар болгон" деп далилдеп жатышса, анан мен аларды кыргыздардын бабалары деп айтпасам каапыр болуп кетмеймби.

Ырас, кыргыз элинин калыптанышында батыш канаты болуп эсептелген байыркы бабаларыбыздын урпактарын азыркы кыргыздарга айландырган сөздөр ошончо кылымдан бери көп эле өзгөрөрү табигый нерсе. Ошентсе да, шумерлер Теңирди - Теңир, эрди - эр, адамды – адам, кызды - кыз, мээни - мээ, атаны - адда, урууну - уру, тирүүнү - дириг, караны - кара деп жатышса, хет тилинде ажону - хажо, катынды - каттан, сарыны - сари, ишти - иш, акты - ак, кутту - кут, кырды - кыр, энени - эме, кишини - хисси деп олтурса, чын эле бабаларыбыз экен дебешке чараң калабы?

Ошол сөздөрдү чоподон окуп, таблицаларга бөлүп, кийинкилерге калтырган Батыш окумуштууларынын эмгегин нагыз “ийне менен кудук казгандар” ушулар экен деп ыраазы болбоско аргабыз барбы? Гергестердин аска бетине тарткан сүрөттөрүнө караганда алардын баш кийими калпак, оң колунда жаа, териден жасалган өтүгүнүн башы кайкалак, буюмдарына түшүрүлгөн сүрөттөрдөн болсо күндүн символу болгон боз үйдүн түндүгүн байкоого болот. Негизи бул маселе өзүнчө кеп кылууга арзыйт.

Эми экинчи сурооңуз боюнча айтсам, илгертеден эле: “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”, “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба!”- деген учкул кептер айтылып келген. Азыр: “Аялың аруу болсо, ажыга көрсөтпө!”- деген накыл кеп чыгыптыр, тообо.

Негизи мен диндарлыкка каршы эмесмин. Арак ичип, көчө таптап, кылмыштуулукка аралашкандан көрө намаз окуп, орозо тутуп, адал жүрүп, бирок, кол карап эле отуруп албай, өз нанын өзү таап жашап, ал түгүл жардамга муктаж адамдарга жардам көрсөткөн диндарлар көбөйсө жакшы болор эле.

Шүгүр, азыр да андай үлгүлүү мусулмандарыбыз бар. Ал эми өзүнүн жаман кылык-жоруктары менен ислам динин жек көрсөтүп, эл алдында өзүнүн айыбы ачылып, теледен маскара болуп жаткан таксырлар чыны мага жакпайт. Ошон үчүн мен мусулманчылыкты коомдогу бар терс көрүнүштөрдөн сактоочу даба, алгылыктуу чара (панацея) деп айта албаймын. Исламдын душмандары азыр исламды согуштун очогу, мусулман инсанды болсо баш кесер катары көрсөтүүгө аракеттенип жатышканда, исламды тутунган инсандар өзүн илим-билимдүү, кылмыштуулуктан чет адамдар катары көрсөтө алышы - учурдун зарыл талабы.

"Бүтпөс жол". А. Тешебаевдин сүрөтү.
"Бүтпөс жол". А. Тешебаевдин сүрөтү.

"Азаттык":Бүгүнкү адамзаттын өнүгүүсүн билим жана илим аныктаган заманда коомдо мектепке басым коюлбай, динге басым коюлганына, жакында спикердин “...Дин башкармалыгынын айтылган жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү да тез болот” – деген кебине сиз кандай карайсыз? Менин түшүнүгүмдө, Дастан Жумабековдун жогорудагы сөзү Баш мыйзам - Конституциядагы "Кыргызстан - мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет" деген беренеге карандай каршы келет...

Акбаров: ​Жакында Руслан Жумабаев деген комузчу жигит көз жумганда акын Зайырбек Ажыматов деген акын иним түтөп: “Кыргыздын нукура руханий дөөлөтүн аркалап келаткан Руслан Жумабаевдей кайталангыс таланттар жумушсуз, наамсыз, акчасыз калып, бу дүйнөгө түкүрүп кетип жатышат. А силер, урматтуу чоңдор, сыйлыгыңарды той-топурдан бапырата акча тапкан, Мекениңерди, силер берген мамлекеттик наамыңарды уруп да ойнобогон, материалдык байлыгына манчыркап, моралдык өзөгүнө курт түшкөн популисттердин артынан “мобу наамды алып койчу!..” - деп чуркап жүрөсүңөр. "Мугалимдерди эмес, муфтийлерди уккула" дейсиңер. Мектептен мечиттерди жогору коёсуңар. Мамлекеттик деңгээлдеги маданий саясат деген мындай жүрбөйт ээй!..” – деп жазды "Фейсбукта". Абдан туура жазды.

Чындыгында да жетекчилер муфтийлерди ээрчибей, жалпы Кыргызстан элин өзүнүн артынан ээрчите алган лидерлик даражага жетиши зарыл.

В.И.Ленин өз кезегинде динди мамлекеттик саясаттан бөлүп салгандыгынын себеби - ал коомдо регресс эмес, прогресс болушун каалаган. Биз бүгүн аны эстен чыгарсак, эртең дал Ооганстандын кейпин кийип, талиптерди “таксыр” деп калабыз.

Мен “Улуттук идеология” – деген бир ырымда:

“Кыргыздар бирин-бири сатпаш керек!

Меккеден Мекенди ыйык сакташ керек!

Калк үчүн күйгөн атуул, акындарды

Касымдай кыйнап туруп атпаш керек!

Бир кыргыз өзүн эки бөлбөш керек,

Кыргыздар бөлүнгөндөн өлбөш керек!

Кыргызды кыргыз гана сактап калат!

Ар кыргыз Ата-Журтту жөлөш керек!” – деп да жазган элем.

"Азаттык": Биздин аттуу-баштуу молдокелердин "кыздарыбыз чет өлкөлүктөргө күйөөгө чыгып жатат" дешип, алардын тарса, европалыктар, америкалыктар жана дини бөлөк азиялыктар, африкалыктар, ал түгүл мусулман шииттер менен баш кошуусун сындаган учурлары бар. Муну менен алар кыз-келиндерибиздин тандоо эркиндигин чектеп, тапканы менен бактылуу болуу укугун чанып жатышкан жокпу?

Акбаров: ​Ооба, бул жерде тандоо эркиндигин чектөө болуп жатат. Анын үстүнө чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жаткандар - башынан эле орус мектептерде окуп, орус болуп чокунуп кетпесе да, негизинен кыргыз менталитетинен тышкары калган кыз-келиндер. Ырас, кийинки убактарда “Көр турмуштун айынын Көкүмбайга тийгемин” демекчи, куу турмуштун айынан Орусияда же башка чөлкөмдөрдө мигрант болуп иштеп жүргөн кыргыз кыз-келиндер тажик, өзбек ж.б. улуттагы жигиттер менен жакындашып, ал турсун ошол улуттагы инсандар менен үй-бүлө куруп кетип жаткан учурлары маалым. Өздөрү аларга үйлөнгүсү келбеген кыргыздын мигрант жигиттери куру намыска алдырып, андай шоркелдей кыздарды андан бетер шорлотуп сабап кетип жаткан, алардын эптеп үй-бүлөлүү болуу мүдөөлөрүнө тоскоол болуп жаткан фактылары бар.

Ал эми сындаган молдокелер өздөрү деле Кудайды караса болмок. Ал молдокелердин өздөрүнүн төрттөн аялы болсо, ал эми шордуу мигрант кызга ошол сабаган же сындагандардын бирөө да кол сунуп, карап койбосо, анан башка улуттагы же диндеги тандаган жигитине тиет да. Аларда башка айла, башка тандоо жок болуп жатпайбы. Жаш айымдын эркекке, үй-бүлө курууга болгон талабы жалындап турса, аны сындамактан, суу сепсең деле тандоосу өчпөйт да. Ошол молдокелер Ч.Айтматовдун “Жамийласын” бир окуп коюшса жакшы болот эле.

Ч. Айтматовдун повести боюнча тартылып жаткан "Кызыл жоолук жалжалым" көркөм фильминде баш каармандарды ойногон актёрлор.
Ч. Айтматовдун повести боюнча тартылып жаткан "Кызыл жоолук жалжалым" көркөм фильминде баш каармандарды ойногон актёрлор.

"Азаттык": Айтмакчы, эл арасында, анын ичинде "Фейсбукта" "кыргыз кыздарына өлкө жарандыгын алыш үчүн гана үйлөнүп жатышкан чет өлкөлүктөр эртең Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө кооп туудурат" деген пикирлер кездешип калат. Акындын жүрөгү ашыкча сезимтал болот дейт. Бул маселе боюнча да оюңузду ортого салсаңыз.

Акбаров: ​Мен муну өтө олуттуу маселе деп эсептейм. Өзүм окуп билген фактыларды бетке кармап, бул боюнча өз көз карашымды негиздейин. Алгач Сан-Франциского төрт эле кытай барып, анан билинбей кытай кварталдары көбөйүп, кытайлардын саны АКШда 4 миллионго жеткенде, кытайлардын каптап кетүүсүнөн биз эмес, тээ мухиттин ары жагындагы Америка да коркуп, өз мезгилинде тиешелүү мыйзамдарды кабыл алган. Азыр бизге коңшу айрым өлкөлөр кытай жарандарына турмушка чыккан кыздарын автоматтык түрдө өз жарандыгынан ажыратып салуу боюнча мыйзам кабыл алышкан. Менимче бул туура нерсе. Антпесе, жарандык алыш үчүн гана кыздарыбызга үйлөнүшкөн кытай жарандары аз убакыттын ичинде эле Кыргызстанда бизден көпчүлүктү түзүп, кыргыздар азчылыкты түзүп калат да, мунун акыр-аягы биздин мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырашыбызга алып келет.

"Азаттык": Мындай көз караштан чочуласа, айрым Батыш өлкөлөрү, мисалы Франция, Германия, Белгия эбак тыш өлкөлүктөр үчүн чек арасын жаап салышмак. Канада, Австралия чет элдик адистерди пландуу түрдө өлкөгө тартууда. Ааламдашуу деген жараян өлкөлөрдү түгүл, коомду да өзгөртөрү талашсыз. Бул да өзүнчө талкууну талап кылган тема. Ошого алаксыбай, маегибиздин нугуна кайталы, Атантай мырза! Кыргыздар тээ илгери теңирчилик динин тутуп келишкени маалым. Азыр "жаңы теңирчилер" да пайда болуп жаткан сыяктуу. Аларды эл бузар катары катуу сындагандар да бар. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

Акбаров: ​Аялдары аз төрөп, Белгия сыяктуу өлкөлөрдө кары-картаңдар калып, эли азайып бараткан европалыктар башында акыры көйгөй келип чыгарын байкаган эмес. Эми өздөрүндө ынды каралар менен мусулмандар көбөйүп кетти деп чырылдап жатышат. Башында колония куруп, ошонун аягы өлкөсүндө каралардын көбөйүшүндө, согуш качкындарынан улам мусулмандардын көбөйүшүндө өздөрүнүн да күнөөсү бар. Азыр сириялыктардын Түркия аркылуу өтүүсүнө түрктөр да каршы болуп жатат.

Ал эми теңирчилик тууралуу айтчуу болсом, теңирчилик ынанымдары азыр кыргызда элдик үрп-адат, каада-салт катары жашап жатат. Мурунку диний жолоюнан небак ажыраган. Эгемендик жылдарында эл өзүнүн өзөгүн табууга аракеттенип жаткан чакта жаңы теңирчилердин пайда болушу да табигый нерсе. Мен эң башкысы теңирчилер менен мусулман динин тутунган же болбосо, исламдын эле суннит-шиит агымдарын кармангандардын ичинде чыр чыгышын таптакыр каалабайм. Диний согуштар эзелтен эле өтө ырайымсыздыгы менен маалым болуп келген. Азыр Кыргызстаныбыз үчүн тынчтык аба-менен суудай эле керек.

"Диндин жаралышы". Башкырстандык сүрөткер Вакил ажы Шайхетдинов.
"Диндин жаралышы". Башкырстандык сүрөткер Вакил ажы Шайхетдинов.

"Азаттык": Албетте, кыргыздардын диний жактан бөлүнүп, чарпышып кетүү коркунучу бар. Ал эле эмес, азыр сабыры жок жана экинчи тараптын жуйосун угууну каалабаган диндарлар пайда болгондуктан, жоолук салынган кыздарды мектепке киргизбеген мектеп директорлоруна баш ийбөө жөнүндөгү Чубак ажынын сөзү; ушул эле шейхтин "намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу боюнча мыйзам долбоорун колдобогон Жанар Акаевдин катарындагы алты депутат менен бир дасторконго отурбайм, алар менен саламдашпайм, аларга жаназа окулбайт" деп жарыя кылганы; андан мурда көк жал публицист, акын жана жазуучу Олжобай Шакирдин башы үчүн байге сайган "Фейсбуктагы" кат жана башка толгон-токой мисалдар эмнени көсөтүп турат? Сиз, Атантай мырза, мен билгенден теңирчиликтин тарыхын үңүлүп окуган зиялы адамсыз. Ошого, туура көрсөңүз, теңирчиликтин пайда болушу жана анын мүмкүн болгон таасирлери тууралуу айта кетсеңиз.

Акбаров: ​“Библия” баштаган ыйык китептерде: “Эң башында сөз болгон. Сөз Кудайда болгон!” деп бекер жерден жазылып калган эмес. Анткени адамзат тарыхында алгач сөз пайда болуп, ошол сөз адамдарды башка жандыктардан айрымалап, адамдын ой-туюмун улам өстүрүп, тереңдетип олтуруп, анан көркөм сөз пайда болгон. Ошон үчүн Шеллини: “Алгачкы мыйзамды акын жазган. Ал мыйзамдын аты адилеттик деп аталган” деп жазган эмеспи. Демек, адамдын Кудай тууралуу, адилеттик, теңдик, чынчылдык, кайрымдуулук, боорукердик тууралуу, жаман иштерди жасабоо тууралуу түшүнүктөрү алгач сөздө, башкача айтканда көркөм сөздө чагылдырылган. Теңирчиликтин пайгамбары Ыдырыс (Кут – ырыс) же ыйык китептерде жазылып жүргөндөй эле Идирис болгон. Ал Ыдырыс пайгамбардын нечен-нечен кылымдарды карыткан, нечен ирет кайра оңдолуп курулган күмбөзү азыр Кыргызстанда, Чаткал өрөөнүндө турат. Күмбөздөн үстүндө тоом (крест) сыяктуу белги бар. Бул Күнгө, Күн аркылуу Кудайга сыйынуунун, башкача айтканда теңирчиликтин белгиси. Мындай белги кыргыздын боз үйүнүн түндүгүндө, калпагында да бар.

Демек, теңирчиликти баба-дин, диний башталгыч мектеп десек болот.

Баса, Батыш кыргыздары (гергэстер, кутка сыйынган кутайлар) байыркы убактарда шумерлер (шамэрлер) менен бирге Ефрат, Тигр дарыяларынын ортосунда (азыркы Египет тарапта) жашап, алгачкы цивилизацияны түптөөгө арбын салым кошкон доордон кийин батышта теңирчиликтин өзгөрүүгө учураган түрү – манихейизм пайда болгон деген ой да бекер жерден жазылып жүргөн жок.

Дал азыркы учурда да теңирчиликтин көптөгөн белгилери кыргыздын элдик каада-салттары же башка диндер аркылуу кирген жөрөлгөлөр аркылуу бир аз өзгөрүүгө учураган түрдө жашап жатат. Маселен, кыргыздар илгери тирүүлүктүн символу катары күнгө, айга сыйынышкан, от, шам, суу сыяктууларды ыйык тутуп, жаратылышты аздектеп сактап келишкен.

Маселен, ошол байыркы убактарда кыргыздар жаңы жыл күнү ыйык жерлердеги дарактарга чүпүрөктөрдү, наристе балдардын бут кийимдерин (шипек) байлап келишкен. Ал эми христиандардын жаңы жылы кыш мезгилине туш келип калгандыктан, алар жаздын символу катары арчаны орнотуп, ага ар кандай жасалгаларды илишкен. Натыйжада ёлка пайда болгон. Ошондой эле кыргыздар метроиддерден темирди алууну алгач ойлоп табышып, ошончүн метроид таштарын касиеттүү деп эсептешкен. Азыр ошол жөрөлгө уланып, мусулмандар Каабадагы метроид ташын ыйык тутушат.

Исламда Замзам суусун ыйык тутуу да теңирчиликтин табият менен танапташ жашоо идеясынын улантылышы. Арабдар чөлдө жашагандыктан, аларда суунун кадыры дагы арткан. Теңирчилик дининде баланы кырк күндөн кийин жуундуруп: “Ата-энеңдин күнөөлөрү үчүн сен азап чекпе. Жараткан сага ак жол берсин!” - деп бата беришсе, теңирчилик дининде айтылгандай эле христиандар дагы ата-энелеринин күнөөлөрүнүн балага залакасы тийбесин деп тиленип, баланы суу чөмүлтүп, чокундуруусу туура 40 мүнөткө созулат.

Кыргыздар Кудайга атап бышырылган тамакты жээр алдында ал тамактын четине шам жагып коюшкан. Азыр туулган күнгө арналган (өмүрдү Кудай берет эмеспи) торттордүн үстүнө шам жагып коюшат. Кыргыздар илгери түшүмдү жыйнап алышкан соң “Саман-той” (татарларда сакталган аты “сабантуй”) майрамын өткөрөр эле.

Ошондо алгач чоң от жагып, анан аны тегеренип шапар тээп туруп тойду башташчу. Баса, ал отко ошол учурдагы эң белгилүү баатыр гана от коюуга укуктуу болуучу. Азыр спорттук Олимпиада оюндарын өткөрөрдө белгилүү спортсмендер шамала (факель) алып келет.

Аруу элдери, тагыраагы кыргыздар “тогуз токоч” бышырып, аны “Бабэдинге” (баба динге – же теңирчиликке) арнашат болуучу. Азыр ислам дининдегилер да жыл сайын Кудайга арнап тамак бышырышат. Ал “Курмандык” деп аталып, ага мал союлат. Айта берсе мындай мисалдар абдан көп. Демек, бардык диндердин тамыры бир, ал эми Кудай болсо жалгыз.

"Азаттык": ​Кызык. Ушу жерден мындай суроо бергим келип кетти: Сиз периштелер бар деп ишенесизби?

Акбаров: Ооба, акын калкы кыялкеч болот эмеспи. Кээде ошол периштелер биздин чоңдор уктап жаткан убакта алардын мээсинен жемкордук иш-аракеттерди жасоо тууралуу ойлорду таптакыр жууп салса кандай сонун болор эле деп ойлоп кетем. Экономикабыздын илгерилешине дал ошол коррупциялык иш-аракеттер өтө зор тоскоол болууда. Илгери кыргыздарда уурулардын башын кесип туруп, ал башты атасынын мойнуна илип коюшкан. Кытайда азыр да коррупционерлерди атат. Бизде жок дегенде коррупционерлердин байлыгын мамлекетке алып туруп, өздөрүн экинчи мамлекеттик кызматка алынбай турган кылып коюшса адилеттүү иш болор эле. Эми ал үчүн албетте, саясий эрк керек. Анткени андай адил сапат ата каны, эне сүтү менен бүтөт эмеспи.

"Азаттык":​ Талкуулаган темабыздын аягын дин тууралуу бир ыр окуу менен жыйынтыктасаңыз кандай болот?

Акбаров: Жарайт. Анда “Адам, дин жана Кудай”- деген ырымды окуп берейин:

Адамдын баарын Кудай жараткандай,

Диндердин баарын Кудай тараткандай.

Жашылча, жемиш-мөмө бардыгын тең

Жасаган Кудай чарчап, кабак салбай.

Кудайдын амирине каршы болбой,

Пальмалар өсүп турат пальма бойдон.

Алмурут болуп кетпей, эзелтеден

алмалар өсүп турат алма бойдон.

“Мен сенден бийик-бийик өсөмүн!” – деп,

Курмалар бадыраңга корсоңдобойт.

“Мен сенден алда канча таттуумун!..” – деп,

Жүзүмдөр пияздарга койкоңдобойт.

Бир капка салып, байлап койсо дагы,

Сабиздер картошканы тепкени жок.

Кайналы өрүк күүсүн черткени жок,

Коондор ашкабакты жешкени жок.

Үйрөнүп ошол мөмө-жемиштерден,

Диндерди диндер башка чаппаса дейм.

Ар улут – Жаратканга перзенттей го,

Улуттар башка улутту атпаса дейм!..

Диндерди берген Кудай адамзатка,

Бакытка жетишсин деп ченеми жок.

Кудайлык макамы эле жетет ага,

Кудайга эч бир диндин кереги жок.

Илимсиз болбойт элдин келечеги,

Калкымды караңгылык өксөтпөсүн.

Улутум Жер үстүнөн жексен болсо,

Бейишин мага Кудай көрсөтпөсүн!

Бейиштин бетин Кудай көрсөтпөсүн!!!..

*Атантай Акбаров - Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин Алыкул Осмонов сыйлыгынын, Түркиянын Махмуд Абдул Бакы (Бакы) жана Казакстандын Кадыр Мырза Али атындагы сыйлыктарынын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалынын лауреаты. Бир нече поэтикалык жыйнактын автору.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сентябрда жүрөк дирилдейт...

Сентябрда жүрөк дирилдейт...
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

"Авиация коопсуздугун мамлекет ойлонушу зарыл"

"Авиа Траффик" компаниясынын учактарынын бири.

Ош-Москва каттамындагы учактын дөңгөлөгү жарылышы, анын себептери туурасында каттамды жүргүзгөн "Авиа Траффик" компаниясынын башчысы Алик Аскаров "Азаттыкка" маек курду.

Ош-Москва каттамына камынып жатып, учуу тилкесинде дөңгөлөгү жарылган учактын жагдайын атайын комиссия иликтемей болду. Ал эми каттамды жүргүзгөн “Авиа Траффик” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров кырсыктаган учак, өлкөдөгү авиакоопсуздук боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Ош-Москва каттамындагы сиздердин учак эмнеден кырсыктады, жабыркагандар болгон жокпу?

Алик Аскаров: Жөн эле учактын дөңгөлөгү жарылып калды, башка эч нерсе болгон жок. Баары тынч, жүргүнчүлөргө убагында жардам берилди. Азыр комиссия иштеп жатат. Балким учуу тилкесинде бир нерсе болуп калды же жели чыкты - ошонун баарын комиссия карап чыгат. Балким дөңгөлөк чыгарган заводдун мүчүлүштүгү болгондур, завод менен сүйлөшөбүз.

“Азаттык”: Негизи кырсыктаган учак качан алынган?

Алик Аскаров: Дөңгөлөгү жарылып токтоп калды. Дөңгөлөгү жарылса анын учакка кандай тиешеси бар? Албетте, техниктер карайт, өзүнүн техникалык регламенти бар. Учак техникалык кароодон келгенине болгону үч ай болду. Кыймылдаткыч же башка жагы болсо айтмакмын.

“Азаттык”: Буга чейин дагы сиз башкарып турган компанияга таандык учактар кырсыкка учураган. Эмнеге мындай окуялар тез-тез болуп жатат?

Алик Аскаров: Каттамдын өзүнүн ырааты бар да. Башка эч ким учпаса, биз эле учсак ошондой болот да. "Кыргызстан" авиакомпаниясы учпайт, "Air Manas", “Sky Bishkek” токтогон. Анан биз жалгыз учсак ошондой болот да. Биз да токтоп калсак - ошондо мындай учурлар катталбайт. Ошондо Орусиянын авиакомпаниялары келет. Азыр “Победа” деген авиакомпания учуп жатат. Бул жакка келип иштешсин, ошондо биздин компанияларда техникалык себептерге байланыштуу ушундай окуялар болбойт. Жалгыз эле бир компания учса, бизге деле оордук түшөт да.

“Азаттык”: Сиздердин канча учагыңыздар бар?

Алик Аскаров: Беш учагыбыз бар.

“Азаттык”: Буга чейин да сиз жетектеген “Tez Jet” компаниясынын Бишкектен Баткенге бараткан учагынын кыймылдаткычы жарактан чыккан эле. Ал Америкадагы заводго жөнөтүлгөн болчу. Жыйынтыгы келдиби?

Алик Аскаров: Америкадан келе элек. Ал завод өз мойнуна алмак беле, мойнуна алса соттун чечими менен миллиондогон каражат төлөшү керек. Алар бир-эки жыл башыбызды айлантат да, "металл эскирген, чарчаган" деген тыянак чыгарып берип коёт. Азыр ички каттамды биз эле жүргүзүп жатабыз. “Air Manas” Оштон башка эч жакка учпайт. Учак жетпейт. Азыр "“Ачык асман” болсо Кыргызстан өнүгүп-өсүп кетет" деп жатышпайбы. Ошо ачышсын, жаңы жылдан тартып биз дагы токтотобуз, анан Баткенге, Жалал-Абадга ким учат? Келип орустар же казактар учуп бермек беле? Азыр жаңы кыймылдаткыч алганбыз, күтүп отура бермек белек.

“Азаттык”: Жаңы жылдан тартып каттамдарды токтотосуздарбы?

Алик Аскаров: Учак жетпесе токтотобуз да.

“Азаттык”: Буга чейин Баткенге, Исфанага учкан айрым каттамдар убактысынан кыйла кеч жолго чыгып же такыр эле учпай калган учурлар болгон. Жүргүнчүлөрлөр да нааразы болгон эле. Анын себеби эмнеде?

Алик Аскаров: Жалал-Абадга, Баткенге жана Казарманга учак каттатуу кимдин милдети? Менин милдетимби же мамлекеттикиби? Бул мамлекеттин милдети болуш керек. Биз иштеп жатабыз, элди ташып жатабыз...

Жыргаганыбыздан элди ташып жаткан жокпуз. Аракет кылган үчүн учуп жатабыз да. Кээде каттамдар кеч калып калат, кармалып калган учурда айтып жатабыз. Анктени учак жетпей жатат. Бул мамлекеттин милдети. Мамлекет жардам бериш керек, бизге. Орусиядан бөлүп, жардам бериш керек, субсидия бериши керек. А бизде "салык төлөгүлө, бүт баарын жасагыла" дешет. Анан учак жетпесе ушинтип журналисттер жабышат, депутаттар жабышат. Министрликтен, өкмөттөн, администрациядан чалышат. Бул техника да. Авиациялык тармакта бизден башка эч ким калган жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Коопсуз шаар" же маалымат коркунучу

Ошентип “Коопсуз шаар” долбоорун Орусиянын “Вега" радиокуруу концерни ишке ашыра турган болду. Учурда бул компания менен келишим түзүү аракеттери жүрүп жатат. Бирок ошол эле кезде бул компания АКШнын санкциясына кабылган корпорациянын курамына киргени талаш маселелерди жаратты. Адистер чет элдик компанияга долбоорду берүү менен маалыматтык коопсуздук коркунучта калганын эскертти.

“Кара тизмедеги” компания

Дээрлик алты-жети жылдан бери өкмөттүн баш оорусуна айланган мурдагы “Акылдуу шаар”, азыркы “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашарына үмүт жандангандай болду.

Өкмөт акыркы аукциондон утуп чыккан Орусиянын “Вега” радиокуруу концерни компаниясы тендердин кийинки этаптарынан да ийгиликтүү өткөнүн айтып, ал толук жеңүүчү деп таанылганын жарыялады.

Эми компания кыргыз тараптын тиешелүү мекемеси менен келишим түзсө эле долбоорду ишке ашыруу башталганы турат. Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин маалымат катчысы Зирек Асанова бул жааттагы соңку жаңылыктар менен бөлүштү:

- Тендердин биринчи баскычынан өткөндөн кийин “Вега” радиокуруу концерни компаниясы техникалык жана квалификациялык дал келүүчүлүк боюнча татыктуу деп табылды. Бул боюнча комиссиянын чечими чыкты. Кошумча аудиттик текшерүү да жүрдү. Учурда келишим түзүүгө аракеттер жүрүп жатат. Келишим кабыл алынгандан кийин тиешелүү иш-пландар бекитилип, аталган компания алгачкы иши катары жабдууларды орнотууну баштайт. Акыркы жолу өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл процедураларды кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүнү тапшырган. Бул боюнча иштер жүрүп жатат, буюрса жакын арада иш башталат.

“Коопсуз шаарды” ишке ашырууга тендерде 2 млрд. 320 млн. сом коюлган болсо, орусиялык компания аны 1 млрд. 195 млн. сомго аткарып бермекчи болгон.

"Вега" компаниясынын сайты.
"Вега" компаниясынын сайты.

Ага карабай “Вега” радиокуруу концерни компаниясы азырынча Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ача элек. Комментарий алуу үчүн Москва шаарындагы кеңсесине байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ишканага чалганыбызда мекеменин маалымат борборунун башчысы Алексей Неделин иш ордунда эместигин айтып, андан башка эч ким интервью бере албасын билдиришти.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык, “Вега” радиокуруу концерни Орусиянын мамлекеттик "Росстехнология" (“Ростех”) корпорациясынын курамына кирери белгилүү болду.

Ал эми бул корпорация АКШ менен Канада санкция киргизген Орусиянын 400дөй компаниясынын бири. “Ростехтин” башкы директору Сергей Чемезовдун өзүнө да АКШ жана Евробиримдик санкция коюп, өз өлкөлөрүнө кирүүсүнө жана карым-катыш жасоосуна тыюу салган.

Ошондон улам “кара тизмеге кирген чет элдик компания “Коопсуз шаарды” жабдуулар жана программалар менен камсыз кылууда аксабайбы?” деген суроо жаралды.

Азиз Абакиров
Азиз Абакиров

Бишкектеги жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү, IT адис Азиз Абакиров бул жөнүндө ойлору менен бөлүштү:

- Санкцияга кирген болсо анда бул компания менен иштешүү кыйын болот. АКШ жана Европа өлкөлөрү менен карым-катыш кыла албаса, ал жактан жаңы технологияларды кантип алып келет? Ал эми АКШ инновация боюнча эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Булар болгону ЕАЭБдин ичине кирген мамлекеттерден эле техникаларды сатып ала алат. Албетте бул кыска мөөнөттө проблема жаратпайт, бирок эгер узак мөөнөттү эске ала турган болсок бул абдан чоң көйгөйдү туудурат. Башкача айтканда, алар эски эле технологияларын алып келишет, башында жакшы эле иштей бериши мүмкүн. Бирок убакыт өткөндөн кийин бузулат же иштен чыгат. Аларга салыштырмалуу биздин Кыргызстандагы компаниялар АКШдан, Европадан жаңы технологияларды алып келип иштеп жатабыз. Андан көрө “Коопсуз шаарды” жергиликтүү компаниялар ишке ашырса жакшы болмок.

“Вега” радиокуруу концерни компаниясынын сайтында белгиленгендей союз учурунда аскердик изилдөө институту болгон мекеме 2004-жылы кайра негизделген. Учурда концерндин алдында тармактык тогуз ишкана бар.

Коркунучта турган маалымат коопсуздугу

Ачык маалыматтарга таянсак соңку жылдары “Вега” радиокуруу концерни негизинен Орусиянын Коргоо министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жана Ички иштер министрлиги менен көбүрөөк иштешкен. Компания бул мекемелерди чалгын, аскердик, авиациялык, космостук жана башка тармакка тиешелүү электрондук жабдуулар, программа, системалык комплекстер менен камсыздап келет.

Саясатчы Равшан Жээнбеков “Коопсуз шаарды” орусиялык компаниянын колуна салып берүү "маалымат коопсуздугуна коркунуч алып келет" деп эсептейт:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Биринчиден, бул доолбоор адилетүү жана прогрессивдүү болуп ишке ашпайт. Анткени Орусиянын компаниялары технология жана менеджмент жагынан бир топ артта калган. Экинчиден, бул жерде коопсуздук маселеси. Албетте, ансыз деле Кыргызстан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) көзөмөлүндө жашайбыз деңизчи. Бирок ал жетишсиз болуп “Коопсуз шаарды” да өткөрүп берип жатабыз. Бул деген алар ар бир адамдын автоунаасынын, өзүнүн каякка баратканын, ким менен жолугушканын, каерден канчада чыкканын бардыгын көзөмөлгө алышат дегенди түшүндүрөт. Бул коопсуздук үчүн коркунучтуу, бирок биздин бийлик Орусиянын көзөмөлүндө турганды коопсуздук деп эсептебейт. Бирок мен андан башкача көз караштагы киши катары көз карандыгыбызды толугу менен Москвага өткөрүп бердик деп эсептейм.

Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин жетекчилиги болсо “Вега” радиокуруу концерни батыш өлкөлөрүнүн “кара тизмесинде” экени иштешүүгө тоскоол болбойт деп ишендирүүдө. Комитеттин маалымат катчысы Зирек Асанова ошондой эле аталган компания менен иштешүү маалыматтык коопсуздук үчүн да коркунуч эместигин айтууда.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

​Буга чейин Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров ​бул долбоорду ишке ашырууда маалымат коопсуздугуна жана жарандардын персоналдык базасына коркунуч жок деп ишендирди:

- Техникалык тапшырманын алкагында персоналдык мүнөздөгү маалыматтарды сактоо шарттары дагы каралган. Бул долбоорду ишке ашыра турган компания мына ошого окшогон персоналдык базаны өзүнө сактай албайт. Ал болгону өзү койгон техникалык жабдуулардын жардамы аркылуу реалдуу убакыттын ыргагы менен жол эрежесин бузуу фактыларын видео, фотого алып, аларды кайра мамлекеттин карамагындагы борбордук серверге жиберип турат. Анда кандайдыр бир персоналдык мүнөздөгү маалымат базасы сакталбагандыктан бул долбоордун алкагында жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетүү коркунучу жок.

Зиядин Жамалдинов
Зиядин Жамалдинов

Бирок жумуш башталбай жатып сын-пикирлерге кабылган орусиялык компаниянын долбоорду аягына чыгараарына ишенбегендер бар. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов буларга токтолду:

- “Коопсуз шаар" боюнча өткөн акыркы тендерге катышкан депутат менен сүйлөшсөм, ал “сынак дагы деле мыйзам бузуулар менен өттү” деп айтып жатат. Анан Орус компаниясы утту дегенде эле мен, булар аягына чыгара албайт го деп ойлоп койдум. Жаңы технологиялар боюнча өнүккөн Кытай, Түштүк Корея, Жапония же башка көптөгөн мамлекеттер бар, мына ошолордун компанияларына берсек жакшы болмок. Түрк компаниялары да кызыкты эле алар да тартылган жок. Сынакка катышпайт дегени туура эмес, аларды тартып келе турган, ишендире турган менежмент болбой калды. Долбоорду башка мамлекеттер эчак киргизип бүттү, бирок биз кечигип жатабыз. Ошондон пайдаланып акыркы технологияларды киргизип алышыбыз керек эле. Менимче бул долбоордун ызы-чуусу дагы чыгат го.

Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн долбоорду ишке ашыруу боюнча тендер алгач 2012-жылы жарыяланган. Ал учурда Бишкек, Ош шаарларын жана Бишкек - Каракол жолдорун кошо камтыйт деген долбоор аткаруу 16 компания ат салышкан. Бирок соңунда тендерге катышпаган “Beijing Construction Engineering Group International” аттуу кытай компаниясы, 4 миллиард 505 миллион сомго (85 млн. доллар) утуп алып чуу чыккан. Натыйжада аукцион үзгүлтүккө учураган.

2015-жылы өткөн экинчи тендерге сегиз компания катышып, тендердик комиссиянын бүтүмү менен кыргыз-орус "Стилсофт Бишкек" 62 млн. доллар менен жеңүүчү деп табылган. Бирок бул тендер мыйзам бузуулардан улам бузулган.

2018-жылдын башында болсо Сапар Исаковдун өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун “Коопсуз шаар” деп өзгөртүп, аны ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге кол койгон. Үчүнчү тендердин жеңүүчүсү долбоорго 60 миллион доллар инвестиция жумшамак болгон. Кийин өкмөт талаптар аткарылбаганын билдирип “Huawei” менен келишимди бузган.

Быйыл 23-августта төртүнчү тендерди өткөрүү учурунда Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулуп, аукцион үзгүлтүккө учураган. Бул жолу үч компания катышкан.

4-сентябрда, бешинчи тендерде “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Бирок анда сынакка катышкан калган эки компания, кыргызстандык "Альфа-Телеком" менен дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" компаниясы жөн эле масса үчүн кошулуп калганы айтылууда. Себеби мыйзам боюнча тендерге үчтөн кем эмес ишкана арыз бериши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Хрусталь" эненин бактысы

"Хрусталь" эненин бактысы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:18 0:00

“Бул силерге жомок, бизге чын”

Иллюстрациялык сүрөт.

“Касым балбан” Жакып Медетовдун чыгармачылык өзгөчөлүгүн ачык көрсөткөн, сүрөткер катары чеберчилигин айгинелеген аңгемеси.

Анда аңыз кепке азыноолок айлана баштаган турмуштук көрүнүштүн реалдуу сүрөтү канмайдандан жарадар болуп келген жоокердин дүйнө таанымы аркылуу берилген.

“Анда ал качар аалам тар эле да”

Касым балбан акыйкатта да атына заты жарашкан, айкөлдүгү, энөөлүгү да бар, бирок бирөөгө кылдай жамандыгы жок карапайым киши. Намыска жарап, элдин ыраазычылыгын алганына кубанып, байгесин жалпыга бөлүп берүүнү жактырчу. Бирок да турмушта ага ачык каршы чыкпай, артынан келип кол салган, алыстан туруп ок аткан душмандары болду. Алардын баары менен Касым балбан ачык күч сынашууну, эл алдында мыктыны аныктоону каалачу.

Балбандын ачуусун келтирип, кыжабасын кайнаткан нерсе - душмандын күтпөгөн жерден капыс кол салышы, ачык күрөшкө батына албагандыгы. Баарын ачык күрөштө сыноону жакшы көргөн балбан канмайданда кайсы бир фашист менен күч сынашпай, алыстан ок атышып, анан жашырын койгон минадан бир бутунан ажырап жерине кайтат. Тоо арасында таза суу ичип, таза жашаган эр көкүрөк балбандын түшүнүгү ушундай. Анын үстүнө ошол балбан чыккан Терек айылынын суусу да жөнөкөй эмес экен.

“Жок. Терек суусунун башында чөккөн төөдөй алтын бар. Суу бир жерден куркурап жер астына кирип, ошол алтын жаткан көлчөдө уюп, бир түн түнөйт имиш. Мурунку күнү кирген суу кийинки күнү чыгат дейт.

Эски муундагы өкүлдөр илгертеден ушул уламыш туурасында ар кандай талаш-тартыштарды туудуруп келишет. Мурда, адамдар тоо-таштарга, жаратылышка өзүн биримдик санап, сыйынган кезде бул сыяктуу болумуштар нукура турмуш мыйзамы болсо, кийинкилер улуулардын урматы үчүн адеп сактап унчукпай келишсе, азыркылар ага ишенбестиги тууралуу ачык эле айтып, ал тургай карыялар менен кызаңдашууга чейин барышат”.

Эл арасындагы суу тууралуу уламыштын козголушунун дагы бир себеби Касым балбанга байланышкан. Касым балбан ошол алтын уютулган көлмөдөн агып чыккан сууну ичип чоңойгон адам, жомоктогу алп сындуу зор күчкө ээ каарман. Аны баяндамачы өзү күбө болгон бир окуясы, ачуусуна тийген аялына жетпей калган балбандын өсүп турган теректи жулуп ыргытышы аркылуу бышыктайт:

“Анан жетпесин баамдай койду окшойт, ошо аксалаңдап бараткан калыбында жоондугу моюнтурукка жакын жол жээгиндеги бир бака теректи бир кармап силкип, казандай болгон чым-пымы, тамыр-самыры менен күүлөнтүп туруп, Гүлайды көздөй жиберип өттү. Жанагы теректин орду кемегедей жер оңурайып калыптыр… Көзүң жамандыкты көрбөсүн. Бомба түшкөндөн беш бетер эле ызгып калды, түптүү терек түшкөн жолдон. Ал кездеги жолдордун чаңын билесиң го. Араба жүрчү чаң тизеден борпулдаган сокмо жол да.

- Ооба.

- Тийбей калганбы, же илеби тийип тиги жанталаша тура качканбы, же безип бараткан неме жанталаша, озунуп далбас урганбы, айтор ал жагы белгисиз. Чымын-куюн болуп баратыптыр Гүлай узакта.

Чаң тараганда карасам Касыкем баягы тереги түшкөн жерге барып, тээ узап кеткен Гүлайдын соңунан тигиле негедир бир нерсеге ызырына, калч-калч этип туруп калыптыр”.

Көрсө, алты саны аман кезинде аялы Гүлай Касым балбанга каяша кылмак тургай “чаркөпөлөк айланчу. Анда ал качар аалам тар эле да. Эми минтип мени “чолок” дейт”. Чатак ошондон чыгып, аялы качып, жете албасын билбеген балбан түптүү теректи түбү менен жулуп алып артынан ыргытып атпайбы.

Жарым жан болуп калганына ызасы күчөп турган балбан эртеси жайма-жай бастырып келатса бутуна асылган Сопубек молдонун чоң дөбөтүн жерге былчырата чабат. Ушуга улай Касым балбан тууралуу дагы бир аңыз кеп тарайт.

“Касым балбан актиптер менен мелдеше кетип, атка артса, кулактуу түбү жерге сүйрөлчү бир серке чанач кымызды ичип салыптыр”.

Айтса, ошол мелдештен утуп алган “куйруктуу кара койду” балбан элге союп берип көпчүлүктү ыраазы кылат. Анын дагыбир окуясы Суусамырдагы көкбөрүгө байланышкан.

“- Суусамырда, пай-пай, ов! Балыктын көптүгүнөн сууга ат бутун матыра албай, тайгаланып жыгылчу болуптур. Ботом наркы өйүздөн көкбөрү ала качып, берки өйүзгө өткүчө атым улам-улам жыгылбаспы. Ат менен көкбөрүнү сүйрөй, өзүм да улам жыгылып, туруп, кечүүдөн араң чыктым. Сууга киргендин баары кыйрысын ургандай жыгылышып, кыйласы сууга агышып, ызы-чуудан айлана айлампаш болуп, кайра артка чыкканча шаймандары ооду. Балыктын калыңдыгынан аттын буту сууга кире албай тайгаланган маал!.. И-и! Мен көкбөрүнү алып келип, биздин чабандарга таштап, аттан түшсөм коюнум кыбырайт. Жыгылганда коюн-кончума бүтүндөй балык ширелип калыптыр. Курумду чечип, өтүк-сөтүктү бүтүндөй жайып, балыкты чогултушса майда-чуйдасын эсепке албаганда, калп айтпайын, айтор эки чакадай балык куурушту го аялдар! Ха-ха-ха! Чабандар ошондо бир жыргашкан!

- А калган көкбөрүчүлөр ошо бойдон суудан өтө албай калып калыштыбы?

- Жо-жоок! Алар ушу эл жатар алдында айлампа жол менен аты тыңдары келе башташкан. Балыкка нык тоюп, ныксыраган биз кийинкилери качан келгенин билмек кайда уйкуга тарс катып калыппыс. Мына Суусамырда кечээ эле балык ушунча эле. Бул силерге жомок, бизге чын”.

Касым балбандын эси-көөнүнөн кеткис дагы бир окуя деле ошол айылда өтөт. Кек сактап калганбы же көралбастыкпы, анысын ким билсин, Терекке коңшу айыл чычырканактыктар бир жолу аны элден бөлүп бир үйгө алып барып бозого тойгузушат.

Ачык күрөшкө батына албагандар

Сөздөн-сөз чыгып олтуруп, тийишип чыр чыгаргысы келгендер чатакты ырбатышат.

“Ошондо Касыкеме жан тартымыш болуп, жанында олтурган аны жан-алы калбай мактамыш болгон кызыл тултук дейт:

- Кана, Касым, балбандыгың чын болсо эми көрсөт! – дейт да, Касыкемди күтүүсүздөн чалкасынан тартып жыгып, бет талаштыра муштап жиберет. Алдыртан көз кысышып, даяр олтурган он беш жигит Касыкемдин үстүнө үйүлүшөт, жеткени муштап, тээп, камчы менен сабап, жетпегендери четтеп, турса союл менен жыга чапканы турушат. Он чактысын туш тарапка шилеп, ыргытып, үй-эмеректеринин быт-чытын чыгара сындырып, бир экөөн өзөртө муштап чамынып, Касыкем ордунан турганда көк желкесине капыстан бир оор нерсе тийип, көмөлөнөт.

… Эртеси араң эсине келет. Мастыктан көп уктаганбы же, эсин оодара чаап, дене боюнун чоло жерин калтырбай аябай тепкилешкендиктен эс-учун билбей жатканбы? Аны ойлобоптур… Ордунан тура албай калыптыр, “Бозо апкел!” деп айкырат бозокорго. Апкелет. Кыңкая кырданып бир чапчак бозону бүт ичет”.

Ошондон көп өтпөй, таяктын уусунан оңоло албай жаткан чакта райондо чоң той болот. Эр оодарышка отуздардагы бир балбан жигит чыгып, Таластын көкүрөк жагынан ага теңдеш балбан чыкпай туруп калат. Бети-башы күпчөктөй шишиген, денеси бүтүн жанчылган, бутунан сылтыган Касым айкырып чыгат. Элдин баары таң калышат. Ошол оодарышта Касым тиги балбандын колун сындырып, аз жерден майып кылып коё жаздайт.

“Кере карыш жаак булчуңдары муштумдай түйүлөт, өөдө, ылдый жылып, өңү кара чүйкүл тартып, кемердин астынан караңгы түндү жара балбылдап атырылган жарыктай көзү жайнайт. Эки ийнине эки тумак көмкөрүлгөндөй булчуңдары моюнуна тиреле көөп, колдорунун өзгөчө оң колунун булчуңу көрүктөй чыңалып, басырылып, көз көрүнөө күч үрөп каршылашкан немени эзип, тиги күрсүйгөн жигит үйлөгөн чаначтай борсойгону менен көпшөк немеби, же дене булчуңдары ийленип, баралына жете элекпи, же денесиндеги – туюк күчпү, айтор тирешкен менен шайманы ооп бараткандай. Демейдеги кыйкырык-чуудан дайын жок, сүрөөн сүрөлбөй, ошончо кыжы-кыйма кара таандай кажылдаган эл бир демге сенейе түшүшөт”.

Атаандашын аз жерден майып кылып коё жаздашынын себебин кийин Касым балбан тааныштарына мындайча түшүндүрөт. “Билбейм. Мени сабашкан кишилердин бирөөнө окшошуп кетти иреңи. Көзүмө тике карай албай жалтактады”.

Алдап бөлүп алып, бозого тойгон Касым балбанды көптөп токмоктогондорго ачык күрөш кандай болорун көрсөтүш үчүн ал атаандашынын колунун сөөгүн сындырып, дагы азыраак турса майып кылып коймок. Касым балбан ушундай күрөштү, күч сынашты гана эр оюну деп эсептейт. Артынан аңдып келип жабыла токмоктогондорду сотко сүйрөбөй, эл алдында күч кимдики экенин көрсөтөт.

Антип ачык чыккан атаандашын кол күчү аркылуу катыгын берген Касым балбан немис фашисттери менен ушинтип бетме-бет күч сынашпай, алыстан туруп ок атып, асмандан бомба жаадырганына ичи чыкпайт. Тынч турмуштан аны ушунчалык алыска алып келген жексур душманы менен бир кездешпей, ара жолдон минага бутун алдырып кайтып келгенине нааразы болчу. Балбан үчүн атаандаш ачык чыгып, күрөш калыс, бейтарап өтүшү керек, күчтүүсү утат, күчсүзү жеңилет. Он беши жабылып Касым балбанды тепкилеткен карөзгөй күчкө салган атаандашынын колун сындырып, эл алдында ачык жеңет. Балбандын арманы фашисттер менен ошондой күрөштүн болбой калганы эле.

Алтын суудан таткан

Айтса, Жакып ага уюган алтын көлмөдөн агылып чыккан тоо дарыясынын боюндагы Таластын Терек айылында төрөлгөн. Ал айыл кийин Аралга кошулуп кеткен. Төрөлгөн жылы 1939-жыл. Эр жеткенден кийин окууга келип Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Бираз жыл Ноокен районунда мектеп мугалими, анан Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде адабий кызматкер, радио-телеберүүлөр мамлекеттик комитетинде, китеп басма иштеринде редактор, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 2017-жылдын 26-майында 77 жашында таланттуу жазуучу актыкка моюн сунган.

Жакып Медетовдун чыгармалары 1976-жылкы “Мурат улама” аңыз кептер, аңгемелерден куралган китебинен тарта үзгүлтүксүз чыга баштаган. Ага улай “Дабаагер”, “Зоболо”, “Күрөш”, “Сый”, “Жер ысмы”, “Кежир-Алп” сындуу китептери жарыяланган.

Жакып ага кыргыз элинин өткөнүнө, өзгөчө эл арасында айтылган уламыш кептерге, улуттук уңгуну алдыга жайган сөз берметтерине аябай жакын болчу. Анын улуттук каада-салт, нарк, элдик жашоонун унутулуп бараткан тарых-таржымасын баяндаган чыгармалары окурмандардын кызыгуусун арттырчу.

Сөзгө өзгөчө маани берип, анын чыгыш тегин, маани-мазмунун терең иликтеп, кыргыз жашоосунун поэзиясын алдыга жайганды жакшы көрчү. Уюткулуу калкты ушунча кылымдар сактап келаткан каада-салттар бузулбай сакталып, карыларда нарк, жаштарда адеп-ыйман болушун каалачу.

Эл арасында өткөн баатырлар менен балбандарды, капылеттен сөз тапкан акылмандарды, даанышмандарды даңктоону жакшы көрчү. Элибиздин өткөнү менен азыркысын жуурулуштуруп, элди эл кылып келген рухий байлыгы бөксөрбөй, заман керегине жарашын жактырчу.

“Азаттыкка” берген маектеринин биринде Жакып ага Чыңгыз Айтматовго эки ырды айтып бергенин, анын биринде мобундай саптары бар экенин эскерген эле:

“Жок кыла берип улам чыгаандарды,
Кыргыздан чыккан мыкты кыраандарды,
Эл ичи жакшыларга болуп жарды,
Падыша болор киши калбай калды,
Айткыла мындан ашкан арман барбы, - деп айттым”
, деди эле кайран киши.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мигранттар: жол азабы жанга батты

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мигранттар темир жол каттамдарын көбөйтүп, поезддеги шарттарды жакшыртып, билет бааларын арзандатып, жол коопсуздугун камсыздоону суранышууда.

Москвада иштеп жүргөн Гүлшайыр Матраимова акыркы жолу Кыргызстанга поезд менен жөнөгөн. Учак үй-бүлөнүн капчыгы үчүн бир кыйла чыгашалуу болгондуктан, балдары менен узак жолго жеңил унаа менен чыгуудан кооптонуп, поезд менен жетип алууну туура көрүшкөн.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы жолу он жыл мурда Москвага Бишкектен поезд менен келген келин кыргыз темир жолунун азыркы абалын көрүп капа болгонун айтат.

- Поезд менен Москвага 2008-жылы келгем. Анда шарттары дурус болчу, азыркы абалы өтө жаман. Төрт балам менен бир купеде 26 миң рубль төлөп келдик. Берки жагында бир орунга өзбек, тажиктер эки-экиден отуруп келишти. Билеттери жок, кантип түшкөнү белгисиз. Анан алар Чымкенттен түшүп калышат экен, Бишкекке жеткенче вагондо он чакты эле адам калдык. Отургучтар эски, таштанды салган кутулары жок, терезенин түбүнө баштык илип коюп, таштандыны ошого ыргытып келдик. Дааратканасы иштебейт экен, сууну бөтөлкө менен ташып турдук.

Мигрант келин жайы-кышы дебей ары-бери каттаган мекендештер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин белгилейт.

- Шарттарын жакшы кылып, билет баасын учактыкынан арзандатып койсо, эл түшөт. Балдары менен, жүк алып жүргөндөргө ыңгайлуу. Алыс жолдо, күнүүнү унаада жүргөнгө караганда жакшы эле да, коопсуз. Чек арадан деле текшерүү болду. Тынч эле өттүк. Коштоочуларга "шарттарды жакшыртпайсыңарбы" десем, "мигранттар көбүрөөк иштеп, акча салгыла, анан оңдойбуз" деп күлүп жатпайбы.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектен поезд Москвага аптасына эки жолу, Казань менен Новокузнецкиге жумасына бир жолудан каттайт. Бишкектен, Оштон Москвага жеңил унаа менен 5-8 миң рублге келүүгө мүмкүн болсо, аба жана темир жол акысы адатта эки-үч эсе кымбат. Мисалы, сентябрдын акыркы күндөрүндө Бишкектен Москвага поезд билети 12-18 миң рубль болду.

Мындан улам мигранттар үч күндүк жолго жеңил унаа, чакан автобустар менен чыгып, жол кырсыгында жабыркаган учурлар катталууда. Орусиядагы кыргыз элчилиги былтыр Москвадан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөнүн, алардын 60тан ашууну жол кырсыгында каза болгонун билдирген.

Москвадагы "Кадамжай" айылдык коомунун мүчөсү, жарандык активист Шайлообек Курбаналиев мигранттар айласыздан мындай тобокелдикке барып жатканын айтат. Ал темир жол акысын арзандатуудан тышкары, чек арадагы текшерүүлөрдү жеңилдетүү керектигин айтат.

- Поезд менен жүрүү мекендештерге коопсуз. Жеңил унаа менен деле жүрсө болот, айдоочу тажрыйбалуу болсо, ал жакта деле коркунуч жок. Бирок азыр айдоочулук күбөлүктү сатып алып, ар кандай кырсыктар болуп жатат. Дагы бир маанилүү маселе - Казакстандын, Орусиянын чек араларындагы текшерүүлөр. Мен мурун байкем менен бирге тааныштардын жүгүн алып, 12 сумка менен поездге түшүп кеткенбиз. Казакстанда алардын баарын ачып, чачып, текшерип чыгышкан. Кыскасы, акча берип кутулганбыз. Мындай көрүнүштөрдөн мигранттардын көңүлү калып, ошондон да качып калышкан. Ал жакта поезд коштоочулар жөн гана туруп беришет. Азыр эми Кыргызстан Бажы союзуна, Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Казак-орустардын чек арачылары менен сүйлөшүп, тил табышып, бул текшерүүлөрдү жеңилдетип берсе болот да.

Кыргыз диаспорасынын өкүлү Надырбек Сооронбаев өкмөттүн карамагындагы транспорт тармагы натыйжалуу колго алынбай жатат деген ойдо.

- Жеңил унаага караганда адамдар поездде буту-колун созуп уктап, ыңгайлуу келишет. Коопсуз. Биздин мамлекет башчылары жакшылап көзөмөлдөп, бааларын арзандатып берсе, жарандарыбыз түшмөк, өкмөттүн бюджетине да пайда болмок, кырсыктар да аз болмок. Азыр мекендештер Орусиянын чоң жолдорунда, Казакстандын чөлдөрүндө калып кетүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Надырбек Сооронбаев жол чыгымдары мигранттар үчүн оор болуп жатканын кошумчалайт.

- Азыр бир адамга учак 10-17 миң рубль болуп, бир үй-бүлөнүн чыгымы 50-60 миң рублдан ашып кетет. Бул алардын жарым жыл иштеп, чогулткан акчасы да.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын жетекчи орун басары Самат Токтоболотов өкмөттө темир жол тарифтерин төмөндөтүү демилгеси көтөрүлгөнүн, бирок маселени чечүүгө орус-казак тарап менен макулдашуулар талап кылынарын билдирди.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов кыргыз өкмөтү өз алдынча тарифтерди аныктай албай турганын айтты.

- КМШнын темир жол транспорту боюнча кеңеш бар. Ошол кеңеште буга чейин эле каржы маселелери Швейцария франкы менен эсептелет деп макулдашылып калган. Андан тышкары Орусияга каттаган поезддер Казакстан, Орусиядан өтөт. Алардын да тарифтери эсептелип, билет баасы түзүлөт.

Ошол эле маалда Каимов өкмөттүк мекеме жүргүнчү ташууда акыркы жылдары чыгашага учурап, каттамдар азайганын айтат. Мисалы, мекеме жүргүнчү ташуу боюнча 2016-жылы 724 миллион сом, 2017-жылы 354 миллион сомдон ашык чыгым тарткан.

- Былтыр биз маршруттардын жарымын кыскартып салганбыз. Бул чыгашага вагондордун ремонту, кызматкерлердин эмгек акысы, вагондордун амортизациялык төлөмдөрү бар, жолдорду карашыбыз керек. Жүргүнчүлөрдү ташуудан киреше түшпөйт. Ооба, вагондордун ичи эски, жаңылаш элек. Бирок техникалык жактан баары жарактуу. Андай болбогондо Казакстандан эле өткөрбөй коймок.

Адис вагондордун ички абалын жакшыртып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн өкмөттөн жардам керектигин кошумчалайт.

- Орусия жана башка өлкөлөрдө жүргүнчү ташуучу поезддерге өкмөттөн дотация бөлүнөт. Бул негизи чыгашалуу тармак. Бизде өкмөттөн каражат бөлүнбөйт.

Анткен менен "Кыргыз темир жолу" өкмөттүк мекеменин ишине, жетекчилигине доомат-сындар улам күчөп барат. Ишканадагы коррупция, мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу поезд коштоочулары Рахат Акматова менен Алия Асанбаева айтып чыгышкан. Эки жумушчунун арызы боюнча министрликте атайын комиссия түзүлгөнү кабарланган.

Бул комиссия кандай иш жүргүзгөнүн билүү үчүн Транспорт жана жол министрлигинин кызматкери Кылычбек Досумбетовго кайрылдык:

- Комиссия мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен чогулуш өткөрүп, мыйзам бузуу аныкталса, дароо кабарлап, протокол түзүү сунушталды. Ал эми Асанбаеванын арызы Ленин райондук сотунда каралганы жатат. Жалпысынан комиссия каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн билеттерине көзөмөлдү күчөтүүнү, ишке алынган адамдарды, иш инструкцияларын текшерүүнү, мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча арыздарды тыкыр көзөмөлгө алууну сунуштады.

"Коёндорго" толгон поезд
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Бир ай мурда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" тескөөгө алынып, мамлекеттик ишкананы башкаруу өзгөртүлөөрүн айткан. Бирок бул иштер качан, кантип баштала турганы беймаалым.

Кыргыз аба жолдорунда орус, түрк компанияларынын басымдуулук кылуусу, тариф саясатын өз алдынча жүргүзүүсү, кыргызстандык авиакомпаниялардын каттамдарынын азайышы, узак жолдо жеңил унаа, чакан автобуста жүрүүнүн кооптуулугу - Орусияга каттап иштеген мигранттардын чыгымын да, түйшүгүн да көбөйтүүдө. Мындай абалда "Кыргыз темир жолун" толугу менен жаңылап, мигранттарды ыңгайлуу, коопсуз транспорт менен камсыздоо күн тартибинде турган маселе.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Апта: Кыргызстанда акыйкатчы шайлоо, БУУда жыйын өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Өтүп бараткан аптада кыргыз парламенти атайын кызматтардын генералы Токон Мамытовду акыйкатчы кызматына шайлап, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Солсбериге барган "орус тыңчысы" делип жаткан жарандын аты-жөнү өзгөртүлгөнү боюнча иликтөө чыкты. Улуттар Уюмунда дүйнө лидерлери чогулган Башкы ассамблеянын 73-сессиясы өттү.

Парламенттин акыйкатчы шайлоо жыйынында көпчүлүк коалициянын башында турган Социал-демократтар фракциясы сунуштаган Токон Мамытовдун талапкерлигин бир топ депутаттар кескин сындады. Алардын бири депутат Рыскелди Момбеков “адамды кордогондор укук коргойм дейт", – деп Мамытовдун буга чейинки атайын кызматтардагы ишмердүүлүгүн эске салып, анын шайланышына каршы чыкты.

Ал эми “Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "акыйкатчылыкка Мамытовду бекитүү жалпы парламенттин кадыр-баркына шек келтирет" деди.

Момбеков: "Адамды кордогондор укук коргойм дейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Депутат Жанар Акаев КСДП фракциясын да сындап, акыйкатчылыкка Токон Мамытовдун көрсөтүү менен буга чейин коомчулук сынга алган кадр саясатында дагы бир кемчилик кетирип жатканын баса белгиледи.

- Соңку учурда мен таң калып жатам. Элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасыңар, таң калам. Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бирине да эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны абдан катуу болуп жатат. Ага карабай, коомчулуктун кыжырын келтирген кишилерди улам-улам сунуштап жатасыңар. Акыйкатчы институтунун жалпы саясатын өзгөртүү, реформа жасоо үчүн башкарууга духу бар адамдарды алып келишибиз керек. Андай кишилер талапкерлердин арасында бар. Тил алчаак акыйкатчы болбошу керек. Токон Болотбекович адам катары абдан жакшы киши, бирок акыйкатчы кызматына жарабайт. Мурдагы бийликтердин тушунда элдин таламын талашкан билдирүү жасабаган адам карапайым калктын укугун коргой албайт.

Мына ушундай ачык жана ачуу сындарга карабай көпчүлүк депутаттар акыйкатчылык кызматына 65 жаштагы чекист генерал Токон Мамытовго добуш беришти. Мамытовду сүрөгөн Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талапкердин кесипкөйлүгүнө көңүл бурулганын белгилеп, жогоруда айтылган сындарга кошулбай турганын билдирди.

Эки айдан бери бош турган кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайым Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган эле. Эл өкүлдөрүнүн элегинен өтпөй калган талапкердин бири Рита Карасартова парламенттен өзгөрүү күткөнүн, бирок бул ирет да бийлик каалаган талапкер жеңишке жетишкенине нааразычылыгын билдирди.

Токон Мамытов акыйкатчы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Акыйкатчы шайланып жаткан учурда социалдык тармактарда коомдук ишмерлер, саясатчы, жарандык коом өкүлдөрү парламентти Рита Карасартова менен Канат Азиздин талапкерлигин колдоого чакырып жатышты.

Адам укугу жаатында эксперт, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Бакыт Рысбековдун пикиринде, кыргыз бийлиги эң ириде Акыйкатчы институтунун ролун жакшы түшүнө албай жатат. "Учурда Акыйкатчы институту өлкөдө негизги органдардын катарында эмес, арыздарды каттаган статистикалык мекемеге айланып калды" деп сындады Рысбеков.

- Шайланып келген акыйкатчы суу, ал эми "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам чыны. Чыны кандай формада болсо, суу ошондой болот. Ким шайланып келбесин бир калыпка түшүп, ошол система менен кете берет. Акыйкатчынын көз карандысыздыгын камсыздаш керек. Качан мамлекет адам укугун камсыздай алганда гана коррупция азаймак. Адам укугу чындап корголгон учурда тиричилик деңгээлиндеги арыздар жок болот. Анан тышкы жана ички инвесторлор да келе баштайт. Мамлекет адам укугунун корголушунун ролун жакшы түшүнүшү керек. Болбосо акыйкатчылыкка шайлоо, анын ишмердүүлүгүнө болгон азыркыдай мамиле уланат берет.

Атайын кызматта жүрүп генерал наамына жеткен чекисттин акыйкатчы болуп шайлануусу президент Сооронбай Жээнбековдун Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында "Кыргызстан адам укуктарын коргойт" деп сүйлөгөн учурга туш келди.

Токон Мамытов Кыргызстандын бешинчи акыйкатчысы болуп калды. Ал кайсы бийлик тушунда болбосун жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап келген.

Башкы прокуратура Гуревич менен эмнеге кызматташкан эмес?

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Америкада шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич менен тергөөчүлөр жолукканын ырастап, убагында Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон АКШ жаранынын айткандары боюнча күч органдары парламентте түшүндүрмө берди.

2015-жылы, ал кезде Алабамада жазасын өтөп жаткан Гуревич менен Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мелис Мурзаканов жолуккан экен.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Гуревич ал жолугушууда кыргыз бийлигине өз талаптарын койгон. Анын сөздөрүндө конкреттүү маалыматтар камтылбаганы үчүн Кыргызстандын расмий органдары бул ишти уланткан эмес.

- Гуревич бизге конкреттүү далилдер менен айтса, биз иштейт элек. Ал бир да конкреттүү далил келтирбестен, оозеки түрдө эле 200-300 миллион доллар деп койду. Биздин тергөөчүлөр барып жолукканда деле кайсы банк, кайсы эсептер экени тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Ал Кыргызстандын үч баскычтагы сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, сыртынан 25 жылга соттолгон. Гуревич "ушул иштерди башынан карап, актап берсеңер" маалыматты берүү боюнча ойлоном деп жатат.

Башкы көзөмөл органдын Жогорку Кеңешке берген маалыматы бир катар депутаттарды канааттандырган жок. Алар күч органдары ушул убакыт аралыгында Кыргызстан үчүн абдан зарыл болгон каражаттарды кайтаруу боюнча жетиштүү аракет көрбөгөнүн айтышты. Мурдагы ички иштер министри, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев прокуратура өкүлү Евгений Гуревич менен жолугардын алдында башка күч органдары менен бирдиктүү аракет көрбөгөнүн сындады.

Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ал 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:30 0:00

Евгений Гуревичтин "Азаттыкка" курган акыркы маегинен соң Бакиевдердин өлкөдөн каражат чыгарып кеткенине байланыштуу козголгон кылмыш иштери кайрадан жанданганын башкы прокурор маалымдады.

Гуревич Америкада финансылык мыйзам бузууга айыпталып, учурда абак жазасын өтөп жатат. Евгений Гуревич Кыргызстанда бир нече айып боюнча күнөөлүү деп табылып, сыртынан 25 жылга эркинен ажыратылган.

Солсбериге барган "орус тыңчысы" атын өзгөрткөн

"Bellingcat" жана "The Insider" иликтөө агенттиктери Англияда мурдагы орус тыңчысы Серней Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырган деп шектелген эки кишинин бири - өзүн “жөнөкөй турист” катары тааныштырган "Руслан Бошировдун" чыныгы тек-жайын аныктап чыкты. Анда Руслан Бошировдун өз аты-жөнү Анатолий Чепига экенин айтылат. Ал Орусиянын Чалгын башкармалыгынын полковниги жана 2014-жылы Орусиянын баатыры наамын да алган.

"Bellingcat" менен "The Insider" 26-сентябрда жарыяланган иликтөөлөрүнүн үчүнчү бөлүгүндө “Руслан Боширов” 1979-жылы Амур облусунун Николаевка айылында туулган Анатолий Владимирович Чепига экенин айтып чыкты. Алардын маалыматына караганда, "Руслан Боширов" – Орусиянын Чалгын башкармалыгынын полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты.

"Bellingcat" "Бошировдун" чыныгы тек-жайын бышыктаган бир нече булактарына таянууда. Ал Хабаровскиде армиянын атайын бөлүгүнүн 14-бригадасында кызмат өтөгөн. Экинчи чечен согушунда маанилүү роль ойноп, 2014-жылы орус-украин чек арасына жакын жерде жүргөнү да белгиленет.

Руслан Боширов.
Руслан Боширов.

Бирок Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Башкы чалгын кызматынын полковниги Анатолий Чепигага Орусиянын баатыры деген наам ыйгарылбаганын билдирди. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы жазды.

5-сентябрда британ полициясы Скрипалдарды ууландырууга тиешеси бар деп, орусиялык эки жарандын - Руслан Боширов менен Александр Петровдун атын атаган. 12-сентябрда президент Владимир Путин бул адамдар тууралуу орус бийлиги “маалымат алганын”, алар “аскер адамдары эмес” экенин айтып, Лондондун айыптоолорун четке каккан.

Ушундан бир күндөн кийин Руслан Боширов менен Александр Петров Орусиянын өкмөтү каржылаган "Russia Today" телеканалына маек берип, британ полициясынын дооматтарын четке кагышкан. Бир катар талдоочулар алардын маегинде дал келбестиктер бар экенин белгилешкен.

БУУда кандай маселе көтөрүлдү?

Узап бараткан жумада Улуттар Уюмунда дүйнө лидерлери чогулган Башкы ассамблеянын 73-сессиясы болду. Ага 82 мамлекеттин башчысы жана 42 өлкөнүн премьер-министри катышты. Жалпы жыйында дүйнө өкмөттөрү маңзат көйгөйүнө каршы күрөшүүгө убада берип, бул үчүн долбоорун Кошмо Штаттар даярдаган документке 129 мамлекет гана кол койду. Атайын жыйында маңзат көйгөйү дүйнөдө мурдагыдан күчөп кеткени айтылды.

Улуттар Уюмунда “Дүйнөнүн маңзат көйгөйү боюнча глобалдык аракет” деп аталган кеңешмени Кошмо Штаттар менен бирге 31 мамлекет уюштурду. Ал жыйынга долбоорун АКШ даярдаган, бирок укуктук күчү жок билдирүүгө кол койгон мамлекеттер эми мыйзамсыз маңзаттарына каршы суроо-талапты азайтуу үчүн аракеттенүүнүн улуттук пландарын иштеп чыгышы керек.

Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин быйыл июндагы акыркы баяндамасына караганда, дүйнөдө азыр жыл сайын баңгизатты кеминде бир жолу колдонгондордун саны 275 миллиондун тегерегинде. Бул 15-64 курактагы дүйнө калкынын болжол менен 5,6% түзөт. Ал эми 2016-2017-жылдардын аралыгында дүйнөдө апийим өндүрүшү 65% жогорулап, 10 00 тоннага жеткен. 2017-жылы Ооганстандын өзүндө 9 000 тонна апийим өндүрүлүп, көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 87% өскөн.

Ал эми Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары баш катчы Антонио Гутеррештин дүйнө мамлекеттерин бир тараптуулукка эмес, кызматташтыкка үндөгөн сөзү менен ачылды. Гутерреш дүйнө азыр “ишеним таңкыстыгынан” жабыр тартып жатканын эске салды.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Ал эми трибунага үчүнчү болуп чыккан АКШ президенти Дональд Трамп Иранды сөзүнүн экинчи бөлүгүндө кескин айыптады. Трамп дүйнө мамлекеттерин Иран өкмөтүн ал “агрессиялык” деп атаган саясатты улантып жатканы үчүн изоляциялоого чакырды.

- Биз терроризмдин дүйнөдөгү башкы демөөрчүсүнө планетанын эң опурталдуу куралына ээлик кылуусуна жол бере албайбыз. "Америкага өлүм" деп кыйкырган, Израилди жок кылуу менен коркуткан режимге өзөктүк дүрмөттү дүйнөдөгү кайсы шаар болсун жеткире алгыдай каражатка ээ болуусуна жол бере албайбыз. Биз бардык мамлекеттерди Ирандын режимин агрессиясын улантып жаткан шартта изоляциялоого чакырабыз, биз бардык өлкөлөрдү Иран элин колдоого үндөйбүз, - деди Трамп.

Өз кезегинде Иран президенти Хасан Роухани АКШны “экономикалык терроризм” үчүн айыптап, Трамптын бийлигинин дарегине ачуу сөздөрүн жолдоду:

- Кошмо Штаттардын өкмөтү, бери дегенде азыркы администрациясы эл аралык институттардын баарын натыйжасыз кылууну көздөп тургандай. Коопсуздук кеңеши жактырган көп тараптуу келишимден бардык эл аралык нормаларды бузуу менен баш тарткан бул өкмөт бүгүн Иранды эки тараптуу сүйлөшүүлөргө чакырууда, - деди Роухани.

Иранды изоляциялоо чакырыгын Башкы ассамблеядагы сөздөрүндө АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрү: Түркия менен Франциянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган жана Эммануэл Макрон дагы сынга алышты.

АКШ президенти Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыкканын быйыл майда жарыялаганда Тегеран баллистикалык ракеталарын сыноо, террорчул топторду колдоо менен ал келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

Андан бери АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын биринчи бөлүгү август айында калыбына келди. Экинчи жана негизги, мунай-газ секторун бутага алган санкциялар ноябрь айынан тарта күчкө киргени турат.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Башкы ассамблеяда сүйлөгөндө экология, суу, терроризм жана экстремизм коркунучуна токтолуп, парламенттик демократия кыргыз коомунун табиятына шайкеш келерин белгиледи.

- Мамлекеттик башкаруу ар бир адамдын муктаждыктарына, анын укуктарын, эркиндигин жана коомдогу адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Жогоруда айтылган бардык орто мөөнөттүк реформалар Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген. Ушуга байланыштуу биз Кыргызстандын өнүгүү үчүн аракеттерин БУУ жана өнөктөш өлкөлөр мындан ары да колдойт деп үмүттөнөбүз.

Президент Жээнбеков Борбор Азиядагы маселелерге токтолуп, акыркы он жылда чөлкөмдө суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Көчөлөргө көрк кошкон искусство

Бишкектин имараттарына, жол боюндагы дубал, өтмөктөргө тартылган өзгөчө сүрөттөргө көзүңүз түштү беле? Көчө сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган картиналар эч кимди кайдыгер калтырбаса керек.

"Ысык-Көл шеринесинин" эл биле элек өңүттөрү

Чыңгыз Айтматов.

1986-жылы октябрда Ысык-Көлдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен эл аралык форум өткөн. “Ысык-Көл шеринеси” деген ат менен белгилүү бул тарыхый жыйынды чагылдырууга саналуу гана кабарчылар киргизилген. Эмне үчүн?

1986-жылдын октябрь айында Кыргызстанга XX кылымдын көрүнүктүү ойчулдары келишти. Алар обол Бишкектин четиндеги “Ала-Арча” резиденциясында, андан соң касиеттүү Ысык-Көлдүн боюнда илимий-техникалык революция коштогон жаңы кылым адамзатка алып келчү албан проблемаларга каршы туруунун жолдорун талкуулашты.

Эгер 1985-жылы 11-мартта КПСС БКнын баш катчысы болуп калган Михаил Горбачев ачык-айкындык саясатын баштабаса, береги шерине өтпөй калмак эле. Себеби, америкалык изилдөөчү Жефф Лили жазгандай, Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнөгө белгилүү интеллектуалдарды Ысык-Көлгө шеринеге чакыруусуна ал кездеги Мамлекеттик коопсуздук комитети - КГБ Ысык-Көлдө торпедолорду сыноочу жашыруун ишкана бар деп, кашайып каршы турган.

КГБнын каршылыгын жеңүү үчүн Айтматов “жогорку деңгээлдеги байланыштарына, анын ичинде Горбачевдун колдоосуна таянган”,-деп жазат Жефф Лили быйыл АКШда чыкан көлөмдүү китебинде (Have the Mountains Fallen? Two Journeys of Loss and Redemption in the Cold War?).

Ушундан уламбы, мартабалуу коноктордун Кыргызстандагы сапарын чагылдырарын эки апта мурда эшиткенин айтат Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абды Сатаров.

- Бир жолу жетекчилик мени чакырып: “Чыңгыз Айтматов бир иш-чара өткөрөт экен, ошону чагылдырасың. Паспортуңду алып кел”, - деди. Бул форумдан эки жума мурда болду.

Ал кезде Кыргыз телевидениесинин адабият бөлүмүндө эмгектенген Абды Сатаров Ысык-Көл шеринесине келген конокторду “Манас” аэропортуна учуп келгенден баштап, кайра кетишкенче жандап жүргөн жападан жалгыз кыргыз журналисти болгон. Анын айтымында, конок ээси аэропортко бир аз саалгып келгенден улам, сыйлуу коноктор түшкөн самолетту абада кармоого туура келген экен.

- Биздин республиканын жетекчилери кандай иш-чара өткөрүлөрүнөн кабары жок экен. Коноктор келет деген күнү таңга маал саат 5:30да аэропортто болуп калдык. Келсек аэропортто күткөн эл көп экен. Ыраматылык Аман Токтогул да бар. Анан эле “Самолёт келип калды” дешти. Чыңгыз Төрөкулович кечигип жатты. Ал мезгилде чөнтөк телефондор жок. “Чыңгыз Айтматов келатат, аэропортко жакындап калды”,-деп айтышты. “Самолётту кондурбай шаардын үстүнөн бир айландырсын. Чыңгыз Төрөкулович келип, меймандарды өзү тоссун”,-деди. Самолёт бир айланып келгенче, Чыңгыз Төрөкулович келип калды жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген коноктордун баарын өзү тосуп алды. Ал кезде азыркыдай кымбат машинелер жок. Эң жакшы деген машинелер “Волга” болчу. Министрлердин “Волгаларын” алышкан экен, конокторду аларга түшүрүп, резиденцияга алып барып жайгаштырышты.

Москвадан келишкен киночулар жана Эмил Дөгдүров (солдон биринчи) жана Абды Сатаров (оңдон биринчи). "Манас" аэропорту. Октябрь, 1986-ж.
Москвадан келишкен киночулар жана Эмил Дөгдүров (солдон биринчи) жана Абды Сатаров (оңдон биринчи). "Манас" аэропорту. Октябрь, 1986-ж.

Ошондо бүгүнкү Бишкек, ал кездеги Фрунзеге Чыңгыз Айтматовдун коногу катары кимдер келген эле?

Рим клубунун төрагасы, британ химиги Александр Кинг, испаниялык илимпоз жана коомдук ишмер Федерико Майор, италиялык илимпоз-педагог Аугусто Форти, америкалык белгилүү футуролог Элвин Тоффлер, анын жары, философ Хейди Тоффлер, жердештери: көрүнүктүү ынды кара жазуучу Жэймс Болдуин, драматург Артур Миллер, художник-фотограф Инга Миллер жана актер Дэвид Болдуин, британиялык актер жана жазуучу Питер Устинов, кубалык жазуучу-эстет Лисандро Отеро, Нобель сыйлыгынын лауреаты, француз жазуучусу Клод Симон, индиялык аалым-музыковед жана коомдук ишмер Нараяна Менон, эфиопиялык атактуу сүрөтчү Афеворк Текле, түркиялык жазуучу-романист Яшар Кемал жана композитор Зюльфю Ливанели.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:34 0:00

Белгилей кетели, аталган конокторду шеринеге чакыруу - ал кездеги Советтер Союзундагы жаран демилгечиси болгон биринчи эл аралык деңгээлдеги интеллектуалдык жыйын болчу.

Чыңгыз Айтматовдун конокторунун көпчүлүгүнүн ысымы дүйнөгө таанымал экенине карабай, Москвадан аларды жандап келген КГБнын кызматкери бир ууч журналисттерге интервью алганга тыюу салат.

- Бизге “Чолпон-Атага бара бергиле, коноктор бүгүн кечинде учак менен барат” деп айтылды. Биз да (Москвадан келген 15 чакты журналист жана Кыргызстандан жалгыз журналист мен элем) коноктор сыяктуу эле резиденцияга жайгаштык. Конокторду коштоп жүргөн адам - Мамлекеттик коопсуздук кызматынан окшойт - “Эч кимиңер интервью албайсыңар! Коноктордун тынчын албайсыңар! Алар бүгүн эс алат. Эгерде бирөөңөр аларга жакындап, интервью ала турган болсоңор, анда артка кайтарабыз!” деди.

Британиялык актёр, кинорежиссёр, жазуучу сэр Питер Устинов.
Британиялык актёр, кинорежиссёр, жазуучу сэр Питер Устинов.

Бирок да Абды Сатаров москвалык кабарчылар менен биргеликте Александр Кингден котормочунун жардамы менен интервью алышат.

- Биз ага караган жокпуз. Александр Кинг жашаган жайды таап, ал жердеги балдар менен сүйлөшүп, камераны орнотуп, залда күтүп турдук. Кинг жарык берчү аппараттарды, камераларды жана отургучтарды көргөндө эле биздин интервью ала турганыбызды түшүндү. Кингдин котормочусу аркылуу камдаган бир-экиден суроолорубузду узаттык. Ал киши суроолорго 15 мүнөттөй жооп берди.

Ысык-Көлдөгү шеринеге ал кездеги Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынан бир гана телекабарчы барып, партиянын көзөмөлү астындагы “Советтик Кыргызстан”, “Советская Киргизия”, “Ленинчил жаш”, “Комсомолец Киргизии”, “Кыргызстан маданияты” сыяктуу көп нускалуу гезиттерден корреспонденттер барган эмес. Эмне үчүн? Бул суроого ошо кезде “Кыргызстан маданияты” жумалыгында иштеген Абибилла Пазыловдун кеби:

- Ошол учурдагы шартка ылайык, чет өлкөлүк жарандар менен биздин жарандардын, жазуучулар менен жазуучулардын же окумуштуулар менен окумуштуулардын түздөн түз сүйлөшүүсүн каалабаган саясаттын, деги эле ошол убактагы чектөөлөрдүн кесепетинен ушундай болду го деп ойлойм. Себеби андай деңгээлдеги жыйын азыр болсо, ал жөнүндө маалымат абдан көп тарамак. Алар басма сөз конференциясын өткөрмөк. Бир топ маектер теледе, радиодо, гезит-журналдарда чыкмак. Бирок андай болгон эмес. Экинчи жактан, коноктордун да убактысы тар болушу мүмкүн.

Дүйнөлүк интеллектуалдардын Чолпон-Атадагы өкмөттүк резиденцияда өткөн жыйынын “шерине” деп абал Чыңгыз Айтматов өзү форумдагы сөзүндө атаганын белгиледи Абды Сатаров.

- Чолпон-Атадагы отурум негизинен абдан эркин болду. Анткени Чыңгыз Төрөкулович жолгушуунун башында эле: “Менин сиздерди чакырган жөн-жайым: бизде, кыргыздарда, байыртан бери келаткан “шерине” деген салт бар. Бул шеринде жакшы санаалаштар дасторкон үстүндө пикирлешип отуруп, айрым бир маселелер боюнча ээн-эркин маек курушат. Ушундай максатта сиздерди чакырдым. Муну силер Чыңгыз Айтматовдун шеринеси деп койсоңор да болот”,-деп айтты.

Коноктор Ысык-Көлдө бир түнөп, Бишкекке кайтып келишкен соң мурдагы Өкмөт үйүндө чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү менен жолугушат жана сыйлуу меймандарга Фрунзе шаарынын “Ардактуу жараны” наамы берилет.

- Ысык-Көл шеринесинин катышуучулары ал кездеги Бишкектин, деги эле Кыргызстандын илимий-көркөм зыялылары менен мурдагы Өкмөт үйүнүн Чоң залында жолугушуу өткөрдү. Ага “Кыргызстан маданияты” жумалыгынан барган алты кызматкердин бири мен элем. Менин байкашымда, зыялылардын жолугушуусуна Ысык-Көл шеринесинин катышуучуларынын толук курамы келген. Балким бир-эки киши жок болгондур. Себеби кийин жарыяланган сүрөттөрдөн көргөн кишилердин баарын ошол жерден көргөнбүз. Жолугушууну, албетте, Чыңгыз Айтматов өзү ачкан. Андан кийин ошол кездеги Фрунзе аткомунун төрагасы Салават Исхаков шеринеге катышкан бардык чет өлкөлүк интеллектуал инсандарга “Фрунзе шаарынын ардактуу атуулу” деген наамды тапшырып: “Мына, сиздер, биздин ардактуу атуулдар болуп калдыңыздар”,-деп, аларга өз каалосун жана куттуктоосун айтып, баарынын моюнуна лента илген. Бул жолугушуу көпкө созулбады, кеңири пикир алмашуу болгон эмес. Сыртка чыкканда Түгөлбай Сыдыкбеков баш болгон чоң жазуучулар Түркиядан келген калемгер Яшар Кемал менен сүрөткө түшүшкөн.

Ысык-Көл шеринесинин катышуучулары Бишкектен Москвага учуп барышкандан кийин, 20-октябрда аларды КПСС БКнын баш катчысы М. Горбачёв кабыл алат. Бул жолугушуу СССРдин адыйынын күн тартибине кезексиз киргизилген сыяктуу. Антпесе, меймандарды Бишкекте дагы бир күн кармап турууну өтүнүп, Ч. Айтматовго КПСС БКнын таасирдүү секретары Е. Лигачёв телефон чалбас эместир. Мындай телефон сүйлөшүүгө Абды Сатаров күбө болгон.

- Узатуу салтанаты болду да. Чыңгыз Төрөкулович дасторкондон фойеге чыгып, эс алганы отурган. Мен жанында тургам. Бир убакта ал кишини телефонго чакырып атат деп калышты. Телефон жаныбызда эле турган экен. Көрсө, Москвадан Е. Лигачёв чалган экен. Ал идеология боюнча КПСС БКнын секретары эмес беле. Алардын сүйлөшкөнүн угуп турдум. “Михаил Сергеевич Горбачёв ушундай иш-чара болуп жатат. Коноктор дагы бир күн калса жакшы болот”, - деп айтты эле, Ч. Айтматов: “Конокторго биз сый тамагын бердик. Аларга кулактандырып койдук. Бардыгы даяр. Эртең саат 11:00де Москвага учабыз”,-деди. Ошондо саат түнкү 11ден өтүп калган. Алар эртеси учушмак. Эртеси саат 11:00де биз бардык конокторду Москвага аэропорттон узатып койдук.

Cолдон оңго карай: Аферк Текле - эфиопиялык сүрөтчү, Эмил Дөгдүров - кинооператор, Федерико Майор - испаниялык окумуштуу жана коомдук ишмер, Абды Сатаров - журналист. Бишкек, октябрь, 1986-ж.
Cолдон оңго карай: Аферк Текле - эфиопиялык сүрөтчү, Эмил Дөгдүров - кинооператор, Федерико Майор - испаниялык окумуштуу жана коомдук ишмер, Абды Сатаров - журналист. Бишкек, октябрь, 1986-ж.

Горбачев СССРди тыш дүйнөгө ачык деп жарыялаганы менен система дале жабык бойдон калганын бул факт ырастайт. Бул чоң проблема экенин шеринедеги сөзүндө Жеймс Болдуин өтө сыпаа тилде айткан: “Бүгүнкү күндө улуттук чек аралар, улуттук стереотиптер менен байланышкан чектөөлөрдөн...; учурубуздагы саясаттын жана социалдык системалардын тилинде кабыл алынган чектөөлөрдөн өтүү мүмкүнчүлүгүнөн жогору турган маанилүү проблема жок”.

Кызыгы, Ысык-Көл шеринеси Чыңгыз Айтматовдун катышуусунда канча жолу өткөнүн жана 1986-жылкы форумга келген коноктор Кыргызстанда канча күн болгонун интернет булактарынан так аныктай албадым. Мендеги маалыматтар боюнча, 2-шерине Испанияда, 4-шерине Месикада, акыркысы 1997-жылы Бишкекте өткөн.

1989-жылы Мехикодо болгон шеринеге Чыңгыз Айтматов өзү маанилүү себептерден улам бара албай калып, кайрылуу катын жибергенин форумдун стенограммасы күбөлөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыздарга кылдат тарбия берилсе...

Кыздарга кылдат тарбия берилсе...
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:31 0:00

Аймактык реформанын илеби

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Реформанын негизги маңызы эмнеде? Ага ылайык өлкөнү башкарууда, административдик кайра түзүүлөрдө кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Облустарды эмне үчүн жоюу керек? Айыл өкмөттөрдү да ирилештирүү керекпи?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жана коомдук ишмер Талант Бекжанов катышты.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, президенттин "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" жарлыгынын негизги маңызы эмнеде? Анын мамлекеттин коомдук-саясий турмушунда кандай мааниси бар? Биринчи-экинчи президенттердин учурунда деле административдик-аймактык реформа жөнүндө документтер чыгып, бирок суу кечпей калган эле...

Кенжебек Бокоев: Президенттин бул жарлыгын жакшы кабар катары кабыл алдым. Акыркы үч-төрт жылдан бери мен депутат катары "административдик-аймактык реформа жасабайсыңар" деп өкмөттү сындап келатам.

Ооба, бул реформа жөнүндө 2008-жылдан бери сөз болот, бирок жылбаганы да чындык. Эмне үчүн бул реформа керек? Анткени алты миллион эли бар Кыргызстанга азыр жети облустун, 40 райондун, 473 айыл өкмөтүнүн, 31 шаардык түзүмдөр көп, мындай структуранын кереги жок.

2012-жылы Кыргызстан эки деңгээлдүү бюджетке өттүк, бул абдан жакшы кадам болгон, андан кийин токтоп калды. Жарлыктын негизинде биз реформага канчалык тезирээк барсак, көптөгөн жакшы нерселерге жетебиз. Биринчиден, каражатты сарамжалдуу пайдалана баштайбыз. Экинчиден, райондорду, айыл өкмөттөрдү ирилештирүүгө барышыбыз керек. Бүгүнкү күндө 37 айыл өкмөтү бир эле айылдан турат. Андан кийинки маселе облустук деңгээлдеги бийликти толук жоюш керек.

“Азаттык”: Талант мырза, мамлекет башчысынын жарлыгында "реформа административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүүгө багытталууга тийиш" деп айтылат. Кыргызстандын эли төрт миллион кезде эле ушул административдик бирдик болсо, эми алты миллион адамга жеткенде ирилештирсек өзүн актайбы, ирилештирүүнүн негизги принциби эмнеде болуш керек?

Талант Бекжанов: Кандай гана реформа болбосун эң негизгиси элдин социалдык-эконмикалык турмушуна жакшы таасирин тийгизиш керек. Ирилештирүү реформасынын керектигин мен өзүмдүн мисалым менен айтайын. Мен Балыкчы шаарынын мэри болуп иштедим. Облустун борбору – Караколго чогулушка барып-келүү үчүн 500 километрдей жол басасың. Шаарда 120 мекеме бар. Ошолордун жетекчилеринин баары ай сайын облустук жыйынга, башка иш-чараларга барабыз.

Облустук бийликтен материалдык, моралдык же идеологиялык жактан эч жардам болбойт. Бир барып келгенге менин кызматтык унаама жети миң сом акча кетет экен. Эгер аны жүзгө көбөйтсөң канча болоорун эсептеп көрүңүз. Ирилештирүүнүн максаты экономикалык эле кызыкчылык эмес, убакытты үнөмдүү пайдалануу да болуп жатпайбы. Убакыт артка кайтпай, ар бир нерсени убагында жасай билиш керек. Ирилештирүүнү ийгиликтүү жасаш үчүн ошол аймактын өзгөчөлүгүн, географиялык шартын, экономикалык абалын жакшы билген кадрлар, адистер тартылышы керек.

Кенжебек Бокоев: Облустук бийликти жоюу же ирилештирүү дегенге мен бир мисал келтирейинчи. Жайында мен Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун эли менен жолугуп келдим. Тогуз-Тородо ашуу жабылып калганда Нарын, Бишкекти басып өтүп, 1200 километр жол басып, Жалал-Абадга чогулушка барышат экен, Чаткалда деле ошондой көйгөй. Бир чогулуш үчүн канча аким, айыл өкмөт башчылары сандалып көчөдө эле жүрүшөт.

Облустук ички иштер, прокуратура, аскер комиссариаты, облустук коопсуздук башкармалыгы ж.б. облустук структуралардын азыр эч кимге кереги жок. Азыр Кыргызстанга ирилештирилген, түз республикага баш ийген, райондун күчтүү акими керек. Аким облустагы өкмөттүн өкүлү жок эле түз премьер-министр менен иштеши керек. Райондун прокурору түз эле Башкы прокуратура менен иштеше берсин.

Реформанын натыйжасында биз акчаны эле үнөмдөбөстөн, натыйжалуу башкарууга да жетишебиз. Маселени так, ыкчам чече баштайбыз. Менимче, 25-30дун тегерегиндеги ирилештирилген район болсо жетиштүү болот. Мындан сырткары дагы бир маселе. Азыр каржынын баары борбордо – Финансы министрлигинде топтолгон. Реформага ылайык акча каражатын борбордон алып, тиешелүү акчаны аймактардын өздөрүнө беришибиз керек.

Азыр республикалык бюджеттин 11 пайызы гана аймактарга кетип жатат, калган баары борбордо калууда. Мисалы, Эстонияда 25 пайыз бюджет аймактарга берилсин деп мыйзамга жазып коюшкан. Кыргызстанда “дотацияда отурат” деген айыл өкмөтү же шаар болбош керек. Ошондо гана биз күчтүү, өзүн-өзү башкарган жергиликтүү бийликке ээ боло алабыз.

Талант Бекжанов: Жарлыкта "административдик-аймактык реформанын чараларын иштеп чыгууда региондордун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек" деп айтылыптыр. Республикада ошондой өзгөчөлүү аймактарыбыз бар, алардын ар бирин терең талдап, анан чечиш керек. Ар бир аймактын экономикалык кызыкчылыгы биринчи кезекте эске алынышы зарыл.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Аймактык реформанын илеби (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:09 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кызматтан кеткендер соттошо баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Баласын көчөдө тепкени үчүн жумуштан бошотулган Бариер Адиев мамлекеттен 1 миллион 356 миң сом доо талап кылып, өзү мурда иштеген Мамлекеттик каттоо кызматынын банктагы эсебин камакка алууну соттон сурап жатат.

Былтыр декабрда музга тайгаланып тура албай жаткан 2,5 жаштагы баласын ичке тепкен адамдын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Көптөр баланын укугу одоно бузулуп жатканын, баланы урган адамдын ким экенин аныктап, дароо жазалоону талап кылышкан.

Кийин ал киши баланын атасы экени, Мамлекеттик катоо кызматынын кызматкери болгону аныкталып, уулун аябаган ата ошол эле күнү кармалып, ага "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мекеменин этика боюнча комиссиясы Адиевдин маселесин карап, иштен бошоткон.

Жыл айланбай Адиев кызматтан туура эмес алынганын, Интернетке тараган видео монтаждалганын айтып сотко кайрылып жатат. Ал мамлекеттен 1 356 500 сом талап кылып, Мамлекеттик катоо кызматынын банктагы эсебин камакка алууну соттон суранууда. Буга байланыштуу ишти Бишкек шаардык соту 16-октябрда карамай болду. Буга чейин райондук сот Адиевдин арызын канааттандырган эмес.

Адиевдин өзү менен байланышуу мүмкүн болбоду, анын адвокаты маалымат берген жок. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Адиев мыйзамдын негизинде иштен алынганын белгилеп жатат:

- Алар талап кылган сумманын 1 миллиону моралдык компенсация, 302 миң сому айлык акы, 54 миң сом ар кандай чыгымдар деп жатышат. Коомчулуктан, жарандык коомдон "буга окшогон кызматкерлердин иштегенге моралдык укугу жок, андайларды коом тарбиялашы керек" деп кайра-кайра сунуштар түшпөдүбү. Этика жөнүнө мыйзамда да көрсөтүлгөн, ошондуктан этика комиссиясы мыйзамдын алкагында карап, мыйзамдын негизинде бошотулган болчу.

Бюджетти бөксөрткөн чечимдер

Мамлекеттик кадр кызматында ишенимди актабай же башка мыйзамдарды бузгандардын реестри жыл сайын түзүлөт. Ага жылына 170тей адамдын аты-жөнү кирет. Ал эми мыйзам бузуп же этика ченемдерин сактабай иштен алынган мамлекеттин кызматкерлердин көбү Ички иштер органдарында эмгектендер.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук жана аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.

- Бирок кызматкерлер эреже бузган учурда жетекчиси "арызыңды жаз" деп айтышат. Өз арызы менен кеткендер ал тизмеге кирбей калат. Биздин реестрге мыйзам бузганы үчүн кеткендер гана кирет.

Анткен менен "кызматтан мыйзамсыз алындым" деп сотко кайрылгандын басымдуу бөлүгү сотто утуп, далайы кызматына кайра кайтып келишүүдө. Ал тургай мамлекетти моралдык, материалдык акчага жыккан учурлар көп. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл сегиз айда сот чечимдерин аткарууга мамлекеттик бюджеттен 160 млн. сом кеткен.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова өкмөт саясий популизм менен, Эмгек кодексин, мыйзамдарды эске албай, коомчулуктун басымы менен кызматынан бошоткон учурлар көп болуп жатканын белгилейт.

- Албетте бийлик коомчулуктун үнүн угуш керек. Ушундай окуя болгондо мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, жүргөн-турганы албетте эске алыныш керек. Мындай учурларда Эмгек кодексине таянып чара көрүш керек. Эгер этиканы бузса, аны жоопкерчиликке тартуунун да чаралары бар болсо керек. Алгач сөгүш жарыялап, кызматынан төмөндөтүп, айлыгын кыскартат. Бизде болсо "коомчулук нааразы" деп эле иштен алып коюп жатышат.

Жеке менчик юридикалык компаниянын өкүлдөрү Эмгек кодексине байланыштуу "кызматтан мыйзамсыз алындым" деп арыздангандар ай сайын болорун белгилеп жатышат. Буга байланыштуу соттон утуп чыккандарды чекесинен саноого болот.

Улам узарган тизме

25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Раим Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганын, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнүн жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогонун айткан. Өкмөт райондук сот чыгарган чечимге нааразы болуп, шаардык сотко арыз менен кайрылган.

"Коомдук телерадиокорпорациянын журналистин сөгүп, акарат кылды" деген Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев тартылган видео Интернетке жарыяланып, коомдун талкуусунан кийин иштен алынган. Кийин сөктү делген мамлекеттик кызматкердин жакындары маалымат бир тараптуу каралганын айтып президенттик аппаратка даттанган.

Ушул эле жылы жоолук салынганы үчүн иштен алынганын айткан мэриянын дагы бир кызматкери Сейил Маданбекова соттон утуп, кызматына кайра баруу укугун алган.

Быйыл мартта КТРКнын мурдагы алып баруучусу Чынара Капарова каналдын башкы директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алган. Сот токтомуна ылайык, КТРК Капаровага иштен алынгандан кийинки 55 миң сом айлыгын жана 5 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилген.

2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту жумуштан четтетилген МАИ кызматкери Азамат Осмоновго 500 миң сомдон ашык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Осмонов 2012-жылы ошол кездеги баш прокурор Аида Салянованын айнеги караңгылатылган машинасын токтоткону үчүн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси боюнча иш козголуп, жумуштан айдалган болчу.

14-августта Социалдык тармактарда "мас абалында балдардын бассейнинде сууга түштү” деп сөз болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери Ильяз Амангазиев коомдук талкуусунан кийин иштен алынып, ал укугун мыйзамдын негизинде коргой турганын билдирүүдө.

2013-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын иштен бошотулган 40 кызматкери соттун чечими менен кайрадан иш ордуна кайтып келген. Туура эмес иштерге аралашкан деп айыпталып, кызматтан алынган бул адамдардын баары соттон уткандан кийин аларга 1 млн. 340 миң сом компенсация төлөнүп берилген.

Укук коргоочу жана юрист Нурбек Токтакуновдун баамында кызматкерлердин сотто утуп жатышы өкмөттүн аброюн көтөрбөйт.

- Бийлик көпкөн үчүн коомго таянып эле кызматкерлерди кетирип жатат. Мыйзамды карап, аны сактоону бийлик үйрөнүш керек. Анын кыйынчылыгы деле жок, юристтерди угуш керек. Азыр юристтер да мыйзамды жетекчилерден жогору коюш керек. Кээде алар мыйзамды жетекчинин каалоосуна ылайыкташтырып жатышпайбы.

Өкмөттүн шашма жана популисттик чечими соңку Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууркан Каденова байланыштуу да айтылып жатат.

Эксперттердин айтымында, мамлекеттик кызматкердин этикасы – ал тармакка келип жаткан адам үчүн өтө олуттуу маселе. Мамлекеттик кызматка бараткан жана иштеген киши соттошордон мурда өзүнө мыйзамдык чектөөлөрдү кабыл алууга даяр болуш керек. Ал чектөөлөр мыйзамда, мамлекеттик кызматкердин этикалык кодексинде белгиленген. Мисалы, мамлекеттик чиновник өзүн бардык жерде кынтыксыз алып жүрүүгө милдеттүү. Улуубу, кичүүбү - бардыгы менен сылык сүйлөшүүгө милдеттүү. Башка бирөөлөр жөнүндө такталбаган маалыматтарды айтууга тыюу салынган. Кызмат учурунда, коомдук жайларда кандай кийинип жүрөт, кантип сүйлөйт - мунун баары жазылган.

Кадр кызматынын 2018-жылдын 1-январына карата эсебине ылайык, Кыргызстанда 17 847 мамлекеттик кызмат орду бар. Иштеп жаткандар 16 539 киши. Анын 42 пайызын аялдар түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тыныстановду окутканы үчүн жазаланган карыя

Сталиндик репрессия азабын тартып, 13 жылдан кийин айылына кайтып келген Шертай Субанов аксакал 102 жашка чыгып мындан эки жыл илгери каза болгон. Касым Тыныстановдун китебин окуткандыгы үчүн түрмөгө түшүп, эчен азап-тозокторду башынан кечирген карапайым мугалимдин биралдын оор, экинчи жагынан кайгылуу баяны китеп болуп чыккан.

Шертай атанын камалышы «эл душмандарынын» санын көбөйтүп, жогору жакка пландын аткарылышын билдирүүгө кызыкдар тийиштүү кызматтардын катардагы иши болчу. Кайнаган шорго кабылган мугалим абактан аман келип, кылым ашуун жашаган өмүрүндө репрессия кандай экенин кашкайта көрсөткөн чынчыл китебин артына калтырып кетти.

«Эл душманын» эптеп табуу далбасасы

Шертай ата Түптүн Токтоян айылында жарык дүйнөгө келген. Ал киши жашынан арабча кат таануу, эртелеп билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен экен.

Айылдагы медресе менен мектептен алган билими менен эле токтолуп калбай, алгач айыл чарба техникумун, 1932-жылы Караколдогу педтехникумду бүтүргөн. Каракол педтехникумунун жетекчиси айтылуу Токчоро Жолдошов илбериңки жигитти алыскы Ат-Башынын Ак-Жар айылына жибермек болгон экен. Ден соолугу, анан да билимин улантууга кызыкдар улан Ат-Башыга бара албасын айтып, шаардагы “Кереге” гезитинде иштеп калат. Гезитке иштеп калышына анын ошол кездеги ырлары себепкер болгон экен.

Адабиятка жакындыгы, анан да ошол кездеги кыргыз-казак акындарынын жазгандарын калтырбай окуунун натыйжасы кийин ага каскак болорун, “эл душманы” деп айыпталып камалып кетишине мына ушул адабиятка деген сый-урматы себепкер болору а кезде ойго да келе элек.

Арадан беш жыл өтүп-өтпөй көркөм сөзгө жакын, алгачкы муун кыргыз-казак акындарынын чыгармаларын жакшы көргөн мугалим Касым Тыныстановдун «Кыргыз тилинин морфологиясы» деген китебин окуткандыгы үчүн «улутчул», «Туран» партиясынын мүчөсү, «эл душманы» болуп репрессияга кабылган. Магадан, Колымадагы алтын кендеринде өткөн 13 жылы анын өмүрүндөгү эстен кеткис азабы, өмүр бою чочулаткан коркунуч катары калган.

1937-жыл сталиндик репрессиянын абдан күчөгөн мезгили. Кыргызстан НКВДсынын башчылыгына Лоцманов келип, Москвадан түшүрүлгөн «эл душмандары» менен контрларды табуу, совет бийлигине көзү түз эмес жат элементтерди жапырт жок кылуу өнөктүгү кызып, жазалоо механизми токтоосуз жүрүп турган учур. Шертай Субановго улутчул, «Туран» партиясына мүчө болгон деген айып коюлган.

Социал-туран, дагы бир маалыматта жөн эле "Туран" партиясынын чын эле болгону, айрымдар айткандай, анын 17 миң мүчөсү болгону алигече тактала элек. Атүгүл бу ойдо жок партияны ошол кездеги коопсуздук кызматы ойлоп таап, «эл душмандарын» жок кылыш үчүн алардын текши баарын ушул партияга байлап, кандуу кыргынга "Туранды" шылтоо катары пайдаланышканы айтылып келатат. Иши кылып, табышмактуу партиядан тышкары "эл душмандарына" кайсы бир өлкөнүн тыңчысы, пантүркчүл, панисламчы сындуу толгон айыптар даяр токулуп турган. Ушундай жалаа менен аныгы менен апыртмасы аралаш "Туран" партиясынын 17 миң мүчөсү делген сандан алда канча көп кыргыз, казактын эчен мыкты интеллигенция өкүлдөрү жок кылынган.

Маселен, 1937-жылы Москвадан бир жылдын ичинде Кыргызстандан 4 миңден ашуун кишини жазага тартуу тапшырмасы келсе, жергиликтүү коопсуздук кызматтын аракети менен пландагыдан үч эсе көп адам камалып, алардын кыйласы «үчилтик» чечими менен атылган. Касым Тыныстановдун китебин окуткандыгы үчүн делинип айылдык мугалим дал ошол 1937-жылы 13 жылга Магадан, Колымага айдалган.

Шертай Субанов Токчоро Жолдошев жетектеген окуу жайдан билим алып, кийин кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков менен ага-инилик мамиледе болуп, айылдык мектептеги эмгек жолу алгач жакшы башталган. Төрөкул Айтматов, Осмон Тынаев сындуу жетекчилер менен жолугуп, алардын жыйындарына катышып, Караколдон алган билими менен чектелбей, Ташкенге окууга даярданып жүргөн. А бирок райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы аны партиялык кызматка даярдап жатышканын айтып, окууга жөнөтпөй койгон. Ошол учурду жазуучу Абдымажит Мурзаевге берген маегинде Шертай Субанов минтип эскерет:

«– Билбейм да, кийин-кийин Лоцман дедиби, Боцман дейби. Калппы, чынбы ушундай. Өзүмдү басып, олтургузуп койду да, үйдөгү болгон кагаз, китептин баарын капка салды. Үйдө чаар китеп бар эле, жезде молдо болчу, окуп эле атчу. Үйдөгү болгон китептин баарын аңтарып, көргөн кагаздардын баарын салды. Үйдөгүлөрдүн үрөйү учуп эле кымкуут болуп:

«Эмне болду?», – деп жатышты.

«Эмне болмок эле, эчтеке болгон жок», – дейм, анткени эчтеке жасаган жокмун. Акмын да, эч нерсе оюмда жок, эч күнөө сезген да жокмун.

Китеп, кагаздарды алды. Мени айдап жөнөштү. Алып келип колхоздун кампасына камап салды. Бир топтон кийин атагы чыккан "Көк чолок" деген күлүк ат бар болчу. Анын ээсин кулакка тартып миң коюн, жылкысын тартып алышкан. Кийин ээси өлгөндө күлүктү союп жайына беришти.

Көк чолок аксап, арыктап калыптыр, ошого мени мингизип, айдап жөнөштү. Ал кезде тоют жок, элдин жашоосу начар. Ат арыктыгынан аксап араң келатат. Эки милийса ойноктогон аттары менен айдап жөнөштү, жүрүп олтурдук.

Бууган-Көл деген көл бар. Ошол жерге келгенде ат баспай калды. Сан-Таштын шамалы ызылдай баштады.

Мен аттан түшүп алып чылбырдан тартып сүйрөйм, эки НКВДнын кишиси артынан чапкылап айдайт. Ат баспай, жатып алды. Ошол жерден бирөөнү таап, атты табыштап, мени жөө айдап жөнөштү. Бутумда батинке, кээде бутка чаап коюшат тез бас деп. Экөөнүн минген аттары ойноп турат, учкаштырып албайт, экөө атчан, мен жөө. Ичим күйүп турат. Бир топтон кийин гана арабачан орус келатыптыр. Ошого салып алды, жаным бир аз жай алып калды. Анан мени абакка алып барып камап коюшту. Ал жер караңгы, түнт, ным жыттанып, суук экен».

Адам чыдагыс азап-тозок абактарда башталат. Катуу сурак а кездеги Фрунзе, азыркы Бишкек НКВДсынын абагында улантылат.

Күнөөсү болбосо табылат

Күнөөсү жоктугуна ишенген уландын чыныгы азап-тозокко кабылышы башкалаадан башталат.

«Жалгыз жатам. Түнкү саат 12де чакырат. Сурак жүргүзөт. «"Туран" партиясын билесиңби?» – дешет.

Мен: «Билбейм» – дейм.

«"Туран" партиясында канча киши бар? Улутчул болдуң беле?» – дешет, опузалап.

«Улутчулдугуңду деле, "Тураныңды" деле билбейм» – дейм.

Бир татар котормочу бар. Сурагандардын экөө орус. Бирөө кур тагынган, ал сурабайт, ары-бери эле басат, тигиниси сурайт:

«Айт чыныңды, айтпайсыңбы?» – деп, мен болсо:

«Эмнени айтам?» – дейм.

«Эмне болгонун айт! Кол кой» – дейт.

«Эмнеге кол коём? Кайсы шартка кол коём?» – дейм, мен дагы.

Ошол мезгилде тартынчу эмесмин, тигинин чоң экенин билбептирмин. Жаратылышым ошондой го. Коркпой эле, тик айтып, ушинтип туруп алдым.

Сурак берип жаткан жерде, столдун үстүндө билектей бир нерсе жаткан. Ошо менен бир койду. Тийгенде эле кулап түштүм. Көрсө ал, ичине кум толтурулган токмок сыяктуу, ура турган нерсе экен. Тийгенде эле жерге куладым. Анан тепкилешти. Эсим ооп калды, камерага сүйрөп алпарып салышты.

Эки-үч күн болду жатам. Жаткан жеримде эчтеке жок, жер цемент, сыз, тапчан да цемент. Кийимчен жатам. Оюма ар нерселер келет. Эсим ооп калган экен.

Бир күнү буту-колумду кыймылдатсам кыймылдабайт. Кыйналып жатам. Үчүнчү-төртүнчү күнү түн ичинде дагы суракка алып барды.

– Түн ичиндеби?

– Ооба, түн ичинде. Күндүзү сурабайт.

Мен жаткан жердин биягында да түрмө бар экен. Кез-кезде «Прощай!» деген сөздү угуп калам. Бул эмнеси экенин билбейм. Чыгарып атса керек деп коём. Арадан эки ай өтүп кетти. Сурагандары эле баягы.

«Канча улутчул бар? Канча "Турандын" мүчөсү бар? Касым Тыныстановдон сен кайдан окудуң эле? Бул китепти сен кайдан алып келдиң эле?» – дешет.

«Ой, мен окуп жүргөндө «Кыргыз тилинин морфологиясы», «Кыргыз тилинин синтаксиси» деген китептерди окуганбыз. Биз окуп жүргөндө окуу китептери жок болчу. Биринчи жолу ошол киши чыгарган» – дейм.

«Ии, мунун тилинин тантыраганын карачы деп, сен Жусуп Абдырахмановду билесиңби?» дейт.

«Билбейм. Билем деп мен айта албайм. Гезиттен окуйм, чоң кызматта иштеген кишилер болсо керек» – деп оюмду айтам.

Бирок билерин билчүмүн, Совнаркомдо иштеп жүргөн ал мезгилде. Ошентип түрмөдөмүн, сурак болсо баягы эле калыпта. Бир-эки күн өткөндөн кийин дагы суракка алып барды, түн ичинде:

«Чыныңды айт, чыныңды айтсаң эми бошотобуз» – деди.

«Эмнени айтам, айталбайм мен» – дегенде эле:

«Айта албайсыңбы?» – деп, тепкилей баштады.

Жерге жатып калдым, дагы тепкилешти. Тишимди тээп сындырышты. Андан кийин кабыргам ооруп калганбы, сынганбы, дем алганым начарлап бир жума жаттым».

Колыма менен Магадан…

Түрмөдө Шертай аксакал Жусуп Абдырахмановдун иниси Токо менен жолугуп, анын акылы менен тергөөчүлөр сунган кагаздардын баарына кол коюп, болбогон айыпты моюнга алып, катаал сурактан аман калат. Анан сот, Ыраакы Чыгышка созулган азаптуу жол.

«58-статья, I часть» деп 6 жыл, дагы бир статьяны айтып ага 9 жыл деп өкүм чыгарышты. Соттон кийин темир жолго алып барып, вагонго камашты, жүрүп олтуруп Новосибирск шаарындагы түрмөгө олтургузушту, ал 1937-жыл болчу.

Ал түрмөдөгү көргөн көргүлүктү адам баласына бербесин. Жылаңач, тикебизден тик турабыз. Тик турганда да турсичен турабыз. Баарыбыз бири-бирибизге кыналып турабыз селёдка балыгындай болуп. Тер чыпылдайт. Вагондун ичи бууланып, туман. Терезени ачышпайт, эшик кулпулануу.

Терезени, эшикти тепкилеп кыйкырып жатышат. Терезе талкаланды, эшик жарылып ачылды. Ошондо терезеден, эшиктен кирген шамал бур дей түштү. Анан милициялар келип бизди эшикке алып чыгышты. Ошондо бир аз сейилдеп калдык.

Бизди андан ары айдады. Жолдо жүрүп олтурдук. Кайрадан вагонго салды, селёдка салгандай вагонго камап койду. Кыйналып, кысталып Владивостокко келдик.

Владивостоктон ары, Япон деңизинде 30 миң переселенец бар экен. Болгон окуяларды айтып отурса өзүнчө жомок. Ошол «Кула» деген параходго 9 миң кишини үч күн жүктөдү. Ошентип, суу менен сүзүп олтуруп Магаданга, анын Нагай деген портуна жеттик. Андан ары 17 километр жөө басып, Магаданга жеткенибизде, 1937-жылы үчүнчү-төртүнчү декабрда жүз кишини жөө айдашты. Бир ай.

1938-жылдын үчүнчү-төртүнчү январында 600 километр жөө бастык, жолдо жүз кишиден 75 калды. Калганы үшүгөндөн-шишигенден, тоңуп буту-колу үшүп өлдү».

Колымадагы алтын казуунун азабынан эки миң ашуун абактагылдардан 1400дөйү эле калганын Шертай ата кийин өкүнүч менен эскерген. Адам өмүрү түккө арзыбай, өз элине фашисттик тартипти орнотуп койгондордун айынан миллиондор жок кылынып, өлкө кандуу жазалоолордун капшабынан чочулап, бийлик сталиндик системанын айткан-дегениндей болуп 70 жыл ашуун өкүм сүрдү. Канча бейкүнөө адамдар абактарда, кайнаган шорго малынган азаптуу жайларда, сурактарда, желдеттердин огунан, оорудан, адам чыдагыс шарттардан улам жок болушту.

Магадан, Колымада көргөн азаптуу турмушту кийинки муун билип калсын деген ниетте Шертай аксакал “Буюккан муң” деген эскерүү китебин жазган. Ошол китептин корутунду бөлүгүндө Шертай ата аздек сырын алдыга жайган экен.

“Өмүр бою элдин сөзүнөн, көзүнөн качып жүрдүм. КГБнын капканынан сактанып келдим. Ар бир ирет коркуу сезими менен таң атырып, коркуу сезими менен күн батырып жаттым.

Ошондой болсо да Кудайга шүгүр кылам, ата-бабамдын арбагына таазим этем. Ала-Тоомдун топурагына, Ысык-Көлүмдүн суусуна күнүгө сыйынам. Эми өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Колымада жүргөндө касиеттүү Ысык-Көлүмө жетсем экен, ошол жерден көз жумсам экен деген тилекте элем. Кудайдын буйругу менен азыркы турган жерим көлдүн жээги. Көлүм менен күнүгө көрүшүп, күнүгө тообо кылам. Тилегиме жеттим. Бул жазганымды даттануу иретинде кабылдай көрбөңүз. Мен муну жарым кылымдан ашуун мезгил сактап келдим. Башында өзүмдүн керт башымды, ата-энемди, бир туугандарымды ойлосом, кийин бала-бакырамды ойлоп, коркуп катып келдим. Азыр эми коркорум да калган жок. Кыргыз элимдин, мени менен бирге муздак дубалда отургандардын, өлгөндөрдүн алдында тирүүлүктө адамдык парзымды аткардым деп эсептейм. Эмнени көзүм менен көрсөм, ошону жазууга аракет кылдым”.

Шертай аксакал 2014-жылы кылым жашаганын белгилеп, өмүрдүн мына ушул эң бийик белинен ашкан. Жакындарына ал киши “Колыманын азап-тозогун көрбөгөндө бүгүнкү жүз жаш курагымда мындан да тың болмокмун. Албетте, тагдырдан качып кутула албайсың”, деп миңи кетсе бири кайткан азаптан аман калганына шүгүрчүлүк кылып жашоосуна ыраазы болгон окшойт.

1930-жылдардын маданий-экономикалык жаңылануу шарына кошулуп, алдына бийик максат коюп, элиме кызмат кылайын деген ак дил жигитти ошентип кырчын кезинде сындырышып, жок жерден жалаа жаап, Магадан менен Колымага айдап ийишкен. Бирок да ичер суусу түгөнө элек экен, тирүүлөй тозоктон аман келгени кантсе да бийик олжо болгон.

“Буюккан муң” китебине токтолуп: “Ошол китепти 300 нуска менен эптеп чыгаргам, өз акчама. Элге жагып калса кыргыздын дагы бир кыйыны чыгарып жибереби деген үмүттөмүн” деген экен кайран киши. Азырынча андай “кыйын” чыга элек. Чыгып калар деп үмүт кылып туралы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орус тилдүү мектептерге оогон ата-энелер

Орус тилдүү мектептерге оогон ата-энелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:24 0:00

Бурулай: Сотко нааразылык күч

Ала качууга туш болуп, үйлөнөм деген жигиттин колунан ажал тапканы айтылган Бурулайдын жактоочулары ишти карап жаткан сотко ишеним көрсөтүшкөн жок.

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев кызынын өлүмүн териштирген сот отурумдары катуу иренжиткенин жашырбайт. Кызынан ажыраган атанын айтымында, сотто судья милиция кызматкерлерин ачык эле жактап, алар тарапта болгону байкалган:

- Менин адвокаттарымды сүйлөтүшкөн жок. Сот отурумда алар милиция кызматкерлери тарапта болгону ачык эле билинип калбадыбы. Сот, милиция кызматкерлери Кара-Балтада жашайт, ошол жакта иштешет. Буга чейин далай жолу көрүшкөн. Ошон үчүн бири-бирин жашырышы мүмкүн. Милиция кызматкерлери сотто өз күнөөсүн жарым-жартылай эле мойнуна алышты. Бирок аларга "Шалаакылык" беренеси боюнча эмес, кылмышка катышканы боюнча иш козгош керек.

Бурулайдын өлүмү: айтылбай калган жагдайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:13 0:00


Маркум Бурулайдын атасынын адвокаты Есения Рамазанова ишти Чүйдүн Жайыл райондук соту караса, кызыкчылыктардын айынан улам сот адилет чечим чыгарбашы мүмкүн деп күмөн санайт:

- Жайыл райондук соту ишти Чүй облустук сотуна биздин бир нече жолку суранычыбыздан кийин гана өткөрүп берди. Эми ал соттун чечими менен гана сот отуруму качан жана кайсы жерде өтөрү белгилүү болот. Милиция кызматкерлери буга чейин ишти карап жаткан сот менен тааныш, бир райондо жашашат. Иш боюнча кезигип жүрүшкөн. Ошондуктан акыйкат чечимди талап кылып, ушундай өтүнүч менен кайрылдык.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти 24-сентябрда Жайыл райондук соту карады. 5-сентябрда кылмышка шектүү Марс Бөдөшевдин ишин караган процессте эки тараптын тең жактоочулары Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирген. Кийинки сот отурумдары качан болоору белгисиз.

Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазиев Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу ишти кайсы сот карары чечим чыккандан кийин он күн аралыгында белгилүү болорун билдирди:

- Жайыл райондук соту адегенде жактоочулардын ишенбөөчүлүк көрсөткөн суранычын канааттандырган эмес. Эки жолу сот отуруму үзгүлтүксүз жүргөн. Соттолуп жаткан милиция кызматкерлердин айрым жактоочулары суранычты колдосо, айрымдары каршы чыккан. Бирок үчүнчү жолку суранычтан кийин сот канааттандырды. Он күн ичинде иш кайсы сотто каралары белгилүү болот.

Бишкектеги медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кызды ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө Бурулайы бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери тартип жазасына тартылып, 13 кызматкер иштен бошотулган.

Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми кылмышка шектүү деп кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси менен козголгон ишти Жайыл райондук милициясы иликтеген.

Ала качуунун курмандыгына айланган Бурулайдын трагедиялуу өлүмү боюнча сот ишинин бир ай ичинде эле бир нече жолу жылышы коомчулукта нааразылык жаратты. Жарандык активисттер Бурулайдын коомчулукту нес кылган окуясы боюнча сот акыйкат чечим чыгарып, ал башкаларга сабак болушу керектигин белгишет.

"Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун эксперти Гүлбарчын Жумабаева "сот адилет чечим чыгарып, мыйзам үстөмдүгүн көрсөтүшү керек" деген пикирде:

- Коомчулук бул окуядан акыйкат чечимди күтүп жатат. Гендердик маселелер менен иштеген укук коргочулар да чечимди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ошол эле учурда бизде чечим чыкпай, күнөөлүүлөр жазасыз калып калабы деген коркунуч бар. Ушунча резонанс жаралаган окуя башкаларга сабак болушу керек. Эгер ал боюнча акыйкат чечим чыкпаса, жазасыз калуу көрүнүшү жайылышы мүмкүн.

Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга” жол берип жатканы үчүн кыргыз бийлигин сындады. Эл аралык уюм жарыялаган докладда ала качуудан жабыркагандар укуктук билиминин жетишсиздигинен жана расмий органдардын көңүл коштугунан улам акыйкаттыкка жете албай жатканы айтылат.

Ички иштер министрлигине акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон. Ал эми 2017-жылы 28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучуга карата иш кыскартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Намысты эске салган "Көк-бөрү"

Көк-бөрү оюну

Кинорежиссер Руслан Акундун "Көк-бөрү" тасмасы кыргыз-казак кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Адистер бул маани-мазмундук жана курч окуялуулук жагынан көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан тасма болгонун белгилеп жатышат. Режиссер кыргыздар үчүн намыс баарынан бийик тураарын көк-бөрү оюну аркылуу көрсөтө алган.

Тасма Максат аттуу каармандын тегерегинде өнүгөт. Оюндун жүрүшүндө таасир талашуу, командалардын үстүнөн жүргөн соодалашуу, саткынчылык көрүүчүнү кыжырлантып, бирок чыныгы көкбөрүчү үчүн баш байге, чоң акчага караганда намыс деген улуу түшүнүк бийик экени эске салынат.

Фильм башынан аягына чейин көк-бөрү оюнун даңазалоо менен чектелбейт. Анда бүгүнкү күндүн көптөгөн көйгөлөрү камтылган. Кара күч, мансап, байлык менен чыныгы намыстын тиреши, улуттук өзөктөн өнүп чыккан баалуулуктар кинонун заманбап тили менен чечмеленет. Режиссер Эрнест Абдыжапаров буларды айтты:

- Мен кинону көрөрүм менен эле "Кудай колдосун" деген жерде "Манас атабыз колдосун" деген сөздү айтсаң болмок" дедим эле. Кийин ойлоп көрсөм тасмада Манастын духу бар экен. Кытайлар жерди алабыз, кен казабыз деп эл менен жолугушуп жатканда ал бөлмөдө Жолой менен Кошойдун күрөшүп жаткан сүрөтү кадрда турат. Бул албетте Манастын духу. Автор мында Голливуддун системасы менен бардык нерсени эсептеп, баарынын көңүлүн алып, кино жүгүртүү системасын эске алып, ал ортодо көк-бөрү оюнун да даңазалаган.

Кинодо Максаттын ролун казак актеру Асылкан Төлепов ойногон. Баш каарман тасмага тартылуу үчүн кандай даярдыктан өткөнүн мындайча айтып берди:

- Быйыл апрель айында мен менен тасманын продюсери Нурбек Айбашев байланышып, "ушул тасманы тарталы деп жатабыз, сизге бул кызыкпы?" деп сураган. Мен сценарийди бир түндө эки жолу окуп чыгып, ошол таңда эле сценарий жакканын айттым. Ал күндөн тарта көкпар командаларына машыгууга барып, май айынан баштап тасма тартууга кириштик. Чынында бул - чыныгы жигиттер тууралуу фильм. Биз тасмага тартылып жатканда нагыз көкбөрүчүлөр оюн маалында эмнелер тууралуу ойлоно турганын түшүндүк. Бул жерде чыныгы жигиттик касиет керек.



Фильмде көрүүчүнүн бүйүрүн кызыткан чапчаң кыймылдар, курч окуялар жыш. Аттар чыныгы оюн учурундагыдай бири-бири менен жөөлөшүп, актерлор улак менен кошо тай казанга кайра-кайра кулайт. Эпизоддордо мындай опурталдуу учурларды каскадерлор ойногон. Алардын бири - Казакстанда иштеп жаткан кыргыз каскадеру Адилет Акматов:

- Мен "Көк-бөрү" тасмасына кокусунан эле катышып калдым. Бул тасма тартыла баштаган учурда мен казактардын "Томирс" деген тасмасында ойноп жаткам. Руслан өзү чалды. Чынында бизге оор деле болгон жок. Себеби каскадерлордун баары өзүбүздүн эле балдар. Руслан азамат экен! Ал ар бир тасмасы менен өсүп жатат…

Көк-бөрү.
Көк-бөрү.

Тасманын эң негизги өзөгүндө бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы камтылып, келечек урпактардын ырыскысына кол салган бийлик ээлеринин, намысты да акчага сатып алгысы келген зордукчул катмардын айылдын карапайым намыскөй улакчыларына жеңилиши менен аяктайт.

Туулган жерине кайтып келген Максат өз айылы оор абалды экенин угуп, жалгыз куткаруу жолу - бул айылдаштарынан чогултуп, көк-бөрү боюнча өлкөнүн Биринчи Кубогуна катышуу экенин түшүнүп, ага жолдомо алат. Адистер спорт оюндарын негиз кылып тартылган тасмалардын баары эле жолдуу боло бербей турганын айтышат. Режиссер Абдыжапаров буларды белгиледи:

- Мен канчалаган кинолорду көрүп жүрөм. Спортту көрсөтүш сейрек режиссерлордун гана колунан келет. Спорттун демин кинодо бериш кыйын. Мисалы, нагыз көк-бөрү учурунда болгон азартты кинодо кайра кайталаганда мынчалык болбой калат. Мен билгенден чон ийгиликке жеткен орустардын "Легенда №17" тасмасы болду. Андан сырткары баскетболчулар тууралуу тартылган тасма болду. Үчүнчүсү ушул көкбөрү десек болот.

Көк-бөрү оюну.
Көк-бөрү оюну.

Адис аталган тасмада кыргыз режиссеру казак кино жылдыздарына башкы каармандын ролун бергени заманбап режиссерлордун жаңыча изденүүсү экенин айтты. Адис бул көрүнүш бир кезде тыгыз кызматташып келген Борбор Азия киночуларынын ишин жандандырат деп эсептейт.

Учурда "Көк-бөрү" тасмасы кыргыз-казак кино театрларында көрсөтүлүп жатат. Киносынчылар тасма тууралуу пикирлери менен бөлүшө баштады. Борбор Азиядагы белгилүү казакстандык киносынчы жана кинотаануучу Гүлнара Абикееванын "Көк-бөрү" тасмасы тууралуу жазган пикирин бул жерден окуй аласыз. ​

"Көк-бөрү" тасмасынын режиссеру Руслан Акун буга чейин кино күйөрмандарына "Салам, Нью-Йорк", "Апамды издейм" тасмалары менен белгилүү болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кулов: Рысбек Максимдин үйүндө жашынып жүргөн

Бермет Букашеванын “Бийлик сырлары” автордук программасында Феликс Кулов КГБ, ЦРУ же ФСБнын кишисиби, “Ар-намыс” партиясы Кремлден акча алганбы, эмне үчүн Бакиев менен тандемге барышын, 2006-жылдын ноябрында митингге чыкпай коюшунун себептери тууралуу айтып берет.

Букашева: Бүгүн бизде конокто Кыргызстандагы чоң кызматтардын кыйласын жетектеген Феликс Шаршенбаевич Кулов. Ички иштер министри, вице-президент, улуттук коопсуздук министри, Бишкек шаарынын башчысы…

Кулов: Анан дагы губернатор...

Букашева: Туура, Чүй облусунун губернатору.

Кулов: Бул кызматтардын бирин да сураган эмесмин. Мен генерал болгум гана келчү.

Букашева: Бала кезденби?

Кулов: Бала кезден. Остап Бендер айтмакчы, "жиндинин тилегин берет".

Букашева: Сиздин дагы бир каймана атыңыз бар эмеспи – “темир генерал”, ошондой эле болду… Анын үстүнө вице-президент Советтер Союзу тушунда болбодуңузбу.

Кулов: Ооба, совет мезгилинде.

Букашева: Мындай шартта айтыла жүргөндөй, сиз КГБнын кишиси болушуңуз керек. Чет кишини мындай жооптуу кызматка дайындашчу эмес…

Кулов: "Аскар Акаевди КГБнын макулдугу менен президент кылышкан" дегенди менин да уккан жайым бар.

Букашева: Ие, "Крючков макулдугун берген имиш" дешчү.

Кулов: Бул эми опсуз апыртма сөз. Кечээки тарыхыбызга кызыккандар болсо, жаштар эми муну билбей калышпадыбы, ал кезде “легендарлуу парламент” бар болчу, анын 350 депутатына бир да "кыгыбычы" келип тапшырма бере алчу эмес, баарын биз өзүбүз чеччүбүз. Эсиңизде бардыр, абдан демократиялык тандоо жүргөн. Башында үч талапкер чыккан - Апас Жумагулов, Абсамат Масалиев анан Жумгалбек Аманбаев.

Букашева: Алардын баары партиялык төбөлдөр болчу, КГБнын кишилери болушу толук мүмкүн.

Кулов: Жок, алар КГБнын кишиси эмес болчу. Жашыруун добуш берилген. Мага ишенип коюңуз, эч ким таасир бере алмак эмес. Алардын бири да өтпөй калышты, ошондон кийин гана Аскар Акаевдин талапкерлиги чыкты. Экинчи талапкер биздин улуу-урматтуу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов болчу, бирок ал баш тартып Акаев өзү гана калган. Ал жерде эч кандай КГБ болгон жок. Мунун баары миш-миштер, ушак-айын кептер.

Букашева: Жакшы. Сиздин атыңыз Оштогу окуялар тушунда Фрунзе шаарынын коменданты болуп турган кезиңизде катуу чыкты, анан ГКЧП тушунда ички иштер министри катары Акаевди кутумчуларга баш ийбей, каршы турууну суранганыңыздан кийин опсуз атак-даңкка ээ болдуңуз…

Кулов: Жок, мен суранган эмесмин. Ачык айтканда, ГКЧПны жарыя кылгандын эртеси Аскар Акаевич баарыбызды чогултуп, пикирлерибизди укту. Ошол жерде КГБнын төрагасы, генерал Асанкулов экөөбүздүн ортосунда ушундай учур болгон. Ал жерде Медеткан Шеримкулов, Герман Серапионович Кузнецов, генерал Асанкулов жана мен бар болчумун. Анан да аппараттын бир нече кызматкерлери.

Асанкулов минтип айтты: "ГКЧПны колдойлу. Биздеги маалыматтарга караганда, жумушчу табы, партиялык органдар, баары ГКЧПны колдойт экен". Акаев эмне айтарын билбей отуруп калды, ошондо мен кол көтөрүп минтип айттым: "Мындай маалымат кыйла эле бурмаланган, эл ГКЧПны колдобойт, ИИМ ГКЧПны колдобойт". Мен айттым: "Аскар Акаевич, биздин көз карандысыздыгыбыз, мамлекеттик өз алдынчалыгыбыз тууралуу декларациябыз бар, ушуга ылайык аракет кылышыбыз керек да". Аскар Акаевич баарыбызды угуп, Асанкуловду кызматтан кетирүү боюнча чечим кабыл алып, анын ордуна вице-президент кызматы менен бирге Герман Кузнецовду КГБны жетектетип койду.

Маанилүү объекттерди, партия БК имаратын, почта, телеграф, телефон, радио, телевидениени токтоосуз коргоого аларыбызды билдирдим. Бул ишти Дырылдаев башкарды – ал ошол кезде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүктүн жетекчиси болчу. Аэропортторду да көзөмөлгө алдык.

Мага Орто-Азия аскер округунун колбашчысы генерал-полковник Фуженко телефон чалып ачык эле минтип айтты: “силер ал жакта эмне демократия менен ойноп атасыңар, азыр мен танкаларды жөнөтөм”. Панфилов дивизиясынын колбашчысы Лукьянов деген дагы бир генерал бар эле, ошол телефон чалып минип атпайбы: “азыр мен эки залп бердирем, силердин Ак үйдөн эч нерсе калбайт“…

Букашева: Жооптуу кызматты ээлеген сиз эгемен Кыргызстандын чоң куугунтукка кабылгандардын биринчисиз. Сизди колдоп учурунда көп адамдар нааразылыкка чыгышкан. Эмне үчүн эки революциядан кийин деле ошолор дагы эле кайталанууда? Менин оюмча, бул жагынан биз мурдагыдан да жаман жагдайга кириптер болдук окшойт.

Кулов: Абдан жаман жагдайга.

Букашева: Сиздин криматалык Рысбек Акматбаев менен мамилеңиз, анын ачык эле аянтта митинг уюштурганы, Бакиевдердин аны колдогону белгилүү. Ага чейин сиздин үзөңгүлөшүңүз Үсөн Кудайбергеновду өлтүрүшкөн. Кумөндүү жерлер ушул иштерде көп. Ошону айта кетесизби?

Кулов: Үсөн Кудайбергенов бизнесчилерге "силерди бандиттер колдойт" деп ачык эле айткан. "Алардын колдоосуна таянбай мага келгиле, мен силерди коргоп алам" деген. Бул криминалдарга жакпай калган. Бизнесчилерди Акматбаевдин адамдары кармачу. Ушундан кийин аны өлтүрүшкөн.

Букашева: Рысбектин тапанчасынын кароолунда сиз турганыңызды өзү бизге айтып берди эле.

Кулов: Мен болгонун болгондой айтып берейин. Чынымды айтайын, мен аны атып салгым келген. Кудай бар, андай күнөөгө батканым жок, аны өзүнүн эле адамдары атып кетишти. Буга Бакиевдердин катышы бардыгын айта албайм, бирок алар анын жок болушуна кызыкдар болчу.

Рысбек Акматбаев менин жанымдагы балдардын бирин өлтүргүсү келген. Ал жигит аман калды. Бул милицияга жетип аны издеп калышканда Рысбек Жибек Жолу көчөсүндөгү Максим Бакиевдин үйүндө жашынып жургөн. Бул оперативдүү маалымат. Кийин Бакиевдер ал тарап болушкан соң Көлдөн бир бал челекчини таап, ал кол салуу болгон күнү бал алып, аныкына келгенин айтып, ошентип ишти жаап коюшкан. Эми азыр ошол балчыны таап сураса ал башкача көрсөтмө бермек.

Максим Бакиев Рысбекти коргогон. Ошон үчүн Рысбек "парламентке депутат болуп келип министрлерди таяк менен кубалап иштетем" деп атпайбы. Бийликте таянычы бар үчүн ошентип айткан да, эгер криминалдан бирөө келип ошентсе Бакиевдер андайга жол бермек эмес.

Букашева: Акаевдин тушунда сиз абакта узак отурдуңуз, Тургуналиевди ал өзү мунапыс менен боштондукка чыгарды.

Кулов: Мени Акаев отургузганы менен, бул жерде жеке маселелер ойноп кеткен. Акаевдин башкаруу системасында андай болбошу керек эле. Атамбаевде болсо өкүнүчкө, бийликтен кетерге жакын анда дагы узакка калуу, болгондо да көшөгөнүн артындагы Ден Сяопин же рухий баштооч болуп алган Аятолла Хомейни сындуу мурдагыдай эле эч нерсеге жооп бербей башкаруу тизгинин колдон чыгарбоонун аргасын жасады. Муну ишке ашырыш үчүн тиги Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны жазалоочу курал кылып, анын падышалыгына каршы болчуларды басып коюуга киришпедиби. Сегизбаев менен Жолдубаева иштеп турганда бу атайылап уюштурулган иш экенин ачык айттым, саясий жагдай боюнча ушу азыр абакта отурушкан Өмүрбек Текебаев менен Элдик парламент мүчөлөрүнө, Канат Исаевге, дагы башкаларга кылмыш иштерин оперативдүү кызматкерлер жалган жалаа менен жасаганын билдиргем.

Букашева: Башкача айтканда, сиздин оюңузча, Атамбаев президент катары Акаевдин бучкагына да тең келбейби?

Кулов: Кудай салбасын, дагы ушундай Алмазбек Атамбаев чыкса өлкө оңбой калат.

Букашева: Анда эмне жаңы президент, Атамбаевге байланышкан жиптердин баарын үзүп, ага каршы тура алды да саясий куугунтукта камалып жаткандарды бошотпойт?

Кулов: Бул суроону мага бербей эле коюңуз.

Букашева: Макул, анда эмне кылышы керек?

Кулов: Бул жөнүндө көп эле айттым. Менимче бул ишти туура чечиш үчүн коомдук пикирди, бул иштер бурмаланганын эске алып Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына расмий тапшырма берип, жанагы далил демиш болгон нерселерди, оперативдик күчтөрдү кантип пайдаланышканын кызматтык иликтөөгө алса эле баары бадырайып ачыкка чыгып калмак. Эгер мени ошол жерге киргизип топтолгон материалдарды карап чыгууга жыйырма күн беришсе, мага ишенип коюңуз, бул ишти алар кантип бурмалашканын кыйналбай эле таап бермекмин. Аны күтпөй деле бул адамдардын бардыгына күнөөсүн кечирүү актысын кабыл алуу керек.

Букашева: Жансакчысын, айдоочусун, пресс-катчысын жооптуу түзүмдөргө башчы кылып дайындоо, аларды сиз генерал болгондон кийин башкарып калбадыңызбы, менимче, мамлекетти шылдың кылуу эмеспи?

Кулов: Бул өз элин кордоо.

Букашева: Чүй боорунда, сиздин жердештериңиздин арасында ал дагы бир төңкөрүш жасоого даярданып жатат деген миш-миштер чыга баштады.

Кулов: Кандай десем, жердештерим менен мен деле сүйлөшөм. Минтип айтар элем, ойлонуунун эч зыяны жок. Бирок ал дагы бир шойконду баштай турган болсо бул анын соңку ыры болуп калат, андан тор зымдын артында калышы оңой эле. Андай кылбашты айтар элем.

Маектин орус тилиндеги толук вариантын бул жерден көрүңүз.

Бермет Букашева.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG