Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:29

Кыргызстан

Бористин кымыз бизнеси

Бористин кымыз бизнеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:11 0:00

Көлдө жол куруучулар иш таштады

Балыкчы-Корумду жолу. 28-июль, 2016-жыл.

31-октябрда Балыкчы-Тамчы-Корумду автоунаа жолун курган жумушчулар кайрадан иш ташташты.

Балыкчы шаарына чогулган 50дөн ашык жумушчу акыркы үч айдан бери маяна ала албай жүргөнүн, эмгек акысы төлөнүп берилгенден кийин гана ишке киришерин айтты. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги “жумушчулардын маселеси келаткан аптада чечилет” деп убада берди.

Балыкчы шаарына чогулган Балыкчы-Корумду автоунаа жолун салган жумушчулар үч айдан бери маяна албай иштеп жатышканын, анын айынан жумушту токтотушканын айтышууда.

Орозбек Мудаев.
Орозбек Мудаев.

- Акча берилбей жатат. 3 ай болду. Мына, балдардын жада калса тамекиге акчасы жок, жаман кыйналышты. Көмүргө, чайга, тузга акча жок. Суук түшүп жатат. Буга чейин 50-60% берип жатышкан. Көчмөндөр оюндарына чейин төлөп жатышкан, андан бери бербей калышты. Баарыбыз акча үчүн ушинтип турабыз, болбосо иштей бермекпиз. Азыр деле 10-ноябрга чейин турсак, дагы күнүбүз өлөт, анан ал акча да жок болот эми, - деди кичи автобус айдап жумушчуларды ташып турган Орозбек Мудаев.

Ал эми дагы бир жумушчу Мурат Касыбаев маяна оңдуу төлөнбөй жатканын айтып чыккандарды “Лоң Хай” компаниясы иштен кетирип жатканын айтты. Ал маселени ошого жеткирбей чечип бере албай жаткан аткаминерлерге нааразы болду.

Мурат Касыбаев.
Мурат Касыбаев.

- Бул маселени айтып чыккандарды жумуштан алып ыргытып, машинелери менен кошо чыгарып салышууда, - деди ал. - Биздин чоңдор эмнени карап жатат? Биздин бийликтегилер, депутаттар келип бир нерсени чечип беришпейби? Көчмөндөр оюндарынын, аш-тойдун бизге эмне кереги бар, өзүбүздүн жолубуз жасалбай жатса, иштеген кишилер айлыгын ала албай атса? Солярка эмес, ичип жаткан тамагыбызды чыбык сайып өлчөп калдык.

Нааразы болгон жумушчулар менен Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев жолукту. Ал Транспорт жана жолдор министрлиги менен байланышып, жумушчулардын айлыгы боюнча маселе бир жумада чечилерин айтты. Ошону менен жумушчулар тарап кетишти.

Чынында эле Транспорт жана жолдор министрлиги “жумушчулардын талабы келаткан жумада чечилет” деп убада берди. Министрликтин Жол чарба департаментинин жетекчисинин орун басары Жумаш Соодонбаевдин айтымында, келерки дүйшөмбү-шаршемби күндөрү жумушчулардын айлыгы колдоруна тийет.

Транспорт жана жолдор министрлиги.
Транспорт жана жолдор министрлиги.

- Өкмөт тарабынан акча-каражат маселеси чечилип атат, - деди министрликтин өкүлү. - Биз өкмөткө кайрылганбыз, өкмөт азыр Жогорку Кеңеш менен иш алып барып атат. “Дүйшөмбү-шейшемби күндөрү чечилет” деп жатышат. Анда каралып калса 200 миллион сому чечилет. 200 миллион сомун дароо эле беребиз.

Жолду куруп жаткан Осоо "Лоң Хай" компаниясына Транспорт жана жолдор министрлиги 251 миллион сом карыз. Соодонбаев кошумчалагандай, "Лоң Хай" акыркы аткарган иштери боюнча министрликке сертификатын 10-октябрга чейин өткөргөн. Министрлик аны караганга 1 айга жакын убак бөлөт, ошол убакта компания жумушчуларына өз каражатынан айлык берип турушу керек болчу.

Жол куруучулар маяна маселесине байланыштуу мындан мурда, 9-октябрдан 11-октябрга чейин да нааразы болуп иш ташташкан.

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу өлкө бюджетинен каржыланууда. Ага жалпысынан 6 миллиард 800 миллион сом каралган. Анын 3,5 миллиард сому сарпталган. Жол курулуш иши 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында жол пайдаланууга берилмек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"О" операторуна миң сомго сатылган жыштык

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты "О" байланыш операторуна 2016-жылы миң сомго сатылган жыштыктын мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылды.

Парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева «О» деген бренд менен таанылган «НУР Телеком» компаниясына 900 МГц диапазонундагы радиожыштык 1000 эле сомго сатылып кеткенин 18-октябрда парламентте жарыялаган. Ал ишти иликтеп чыгыш үчүн эми күч органдарына кайрылды:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

- Мен бардык документтерди Коррупцияга каршы кызмат менен Башкы прокуратурага жөнөтүп койдум. Тийиштүү органдар бул ишти иликтеп, укуктук баа бериши керек. Ошондой эле маалыматтарды Жогорку Кеңештин тармактык комитетине да жиберем. Сатылган лицензия кайра кайтарылып, берилген жыштыктар мыйзамда жазылгандай конкурс менен сатылышы керек.

Эл өкүлү 2016-жылдын 27-декабрында жыштыктарды колдонуу боюнча эки лицензия берилгенин, анын бири 300 млн. сомго, ошол эле учурда экинчиси болгону 1000 эле сомго бааланганын сынга алды.

Буга чейин ушул эле маселени көтөрүп келе жаткан коомчулук өкүлдөрүнүн бири, журналист Шаирбек Маматокторов да радиожыштыктын техникалык мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилеп, текейден арзан сатылышынан күмөн санады:

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

- Азыр 1000 сомго жыштык эмес, бир роутер ала албайсың. Сатылып кеткен жыштыктын базасында өзүнчө бир мобилдик байланыш операторун түзсөң болот. Кыска аралыкка жана аз гана маалыматтарды жибере турган 860, 866 деген жөнөкөй жыштыктар бар. Ошолордун баасы 50 миң доллардан башталат. Булар эч кимге кереги жок, сим-карта менен эмес, антенна менен маалымат берилчү жыштыктар. Ал эми комиссия 1000 сомго 3G, 4G менен иштей турчу жыштыктарды берип салып атат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети «лицензия «О» компаниясына мыйзамдуу берилген» деп билдирип, дооматтарды четке кагууда. Аталган комитет 2016-жылы жыштыктарды аукцион аркылуу сатуу мыйзамда каралбаганын жүйө келтирди. Комитеттин жообунда «лицензияларды конкурс аркылуу сатуу боюнча Жогорку Кеңешке 2015-жылы сунуш кылынган мыйзам долбоору 2017-жылы гана кабыл алынган» деп айтылат.

Мекеменин жетекчиси Бакыт Шаршембиев жыштыктар буга чейин «О» уюк операторунан башка компанияларга деле 1000 сомдон сатылып келгенин ачыкка чыгарды:

Бакыт Шаршембиев.
Бакыт Шаршембиев.

- Аукцион боюнча жаңы мыйзам 2017-жылдын август айында киргизилген. Ага чейин аукцион деген түшүнүк жок болчу. Болгону пилоттук негизде гана конкурс болуп келген. Байланыш комитети жыштыктарды берүү боюнча өзү чечим чыгара албайт. Башкы штабдын өкүлдөрү, УКМКнын адистери кирген мамлекеттик комиссия жыштыктарды берүү боюнча чечим кабыл алган. «О» компаниясы жыштыктарды алуу боюнча үч ирет кайрылган. Үчүнчүсүндө гана комиссиянын чечими менен берилген. Жалаң эле «О» компаниясына эмес, бардык эле операторлорго жыштыктар 1000 сомдон берилген.

Жогорку Кенештин депутаты Элвира Сурабалдиева Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети «ошол учурда радиожыштыктарды колдонуу укугун бериш үчүн аукцион өткөрүү тууралуу мыйзам парламентте каралып жаткан» деп, күнөөнү Жогорку Кеңешке оодарып коюну көздөп жатат деген пикирде.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- «Аукцион өткөрүү боюнча мыйзам Жогорку Кеңештин кароосунда болчу» деп парламентти күнөөлөп жатканына түшүнгөн жокмун, - деди Сурабалдиева. - Бул жок эле дегенде «Шалаакылык» беренеси менен жоопкерчилиги каралчу иш. Эмне үчүн «мыйзам азыр даяр эмес» деп жыштык сатууну токтотуп коюшкан жок? Жыштыкты эмне себептен мынча шашылыш өткөрүп жиберишкенине түшүнбөй жатам. Анан кичинекей балдардай болуп «мыйзам өтө элек болчу» деп парламентке шылтап коюп жатышат. Бир жыштыкты 300 млн. сомго, дагы бир жыштыкты 1000 сомго сатып салышканына түшүнбөйм. Ката кеткенин моюнга алып, жоопкерчиликке тартылышы керек. Эмне үчүн кылмыш ишинде жылыш болбой жатат? Азыр “жыштык сатылат” десе, аны алчу толтура компания чыгат. Анткени жыштык деген кирешелүү бизнес.

Буга чейин депутат Сурабалдиева жеке булактарына таянып Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) сатылган радиожыштык боюнча кылмыш ишин козгогонун, бирок анын тергелишине кимдир-бирөө жолтоо болуп жатканын айткан. Финполиция депутаттын сөз болуп жаткан кылмыш ишине байланышкан билдирүүсүн азырынча ырастаган да, четке каккан да жок.

Депутаттар маселе көтөргөндөн кийин «О» уюк оператору сатып алган жыштыгы боюнча кенен маалымат таратты. Анда компания эки жыл мурун башка байланыш операторлору сыяктуу эле жыштык алуу боюнча үлгү аукционго катышып, 1000 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөгөнү жазылган. Ал сатып алган жыштык «Ак-Тел» же «Фонекс» деген ат менен таанылган ишкананыкы болгону жана ал компания банкрот деп табылганы эске салынган.

Билдирүүдө «келишимдин негизинде «НУР Телеком» банкрот болуп калган «Ак-Телдин» кредиторлорунун бардык талаптарын аткарып, 150 миллион сом төлөп берген. Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигине 50 миллион сомдон ашуун карызын жапкан. Кыргызстанда 2009-жылы ишин баштаган «О» оператору 136 млн. доллар инвестиция тарткан» деп айтылат.

Ошондой эле «НУР Телеком» депутаттардын билдирүүлөрү компаниянын ишине шек келтирип жатат деп эсептейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сотко келбеген, мандатын бербеген Шадиев

Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын өлкөдөн качып кеткен депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү.

Анткен менен жарым жылдан бери парламенттин иштерине катышпай келаткан депутаттын мандаты боюнча маселе көтөрүлө элек.

Үч кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткен Аскарбек Шадиевдин иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватованын айтымында, ага сыртынан айыбы угузулду.

- Сырттан айыбы угузулуп, иш 20-октябрда сотко кеткен. Азыр издөө иштери да жүрүп жатат. Ишти Биринчи май райондук соту карайт, - деди Куватова.

Сот 5-ноябрга белгиленди.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач 2017-жылдын 28-апрелинде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Андан соң "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып тагылып, Шадиевге издөө жарыяланган.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

УКМК издөө иштери боюнча маалымат берген жок. Сот ишке өткөнүнө байланыштуу комментарий берилбей турганы айтылды.

Анткен менен жарым жылдан бери парламенттин иштерине катышпай келаткан депутаттын мандаты боюнча маселе көтөрүлө элек. Парламенттеги тиешелүү комитет, кызматташтары, партиялаштары аны "сессияга 30 жумуш күнүнөн ашык себепсиз ишке чыкпаса, аны мандатынан ажыратуу демилгеси көтөрүлөт" деген эрежеге байланыштырууда. Бул сессия 1-сентябрда башталгандыктан, мандат маселеси декабрда көтөрүлүшү ыктымал.

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрага орун басары Таабалды Тиллаевдин сөзүнө караганда, Шадиевдин жайкы каникулга чейинки сессияларга жана комитет, фракция жыйындарына катышпай келатканы эске алынбайт.

- Мурдагы сессия азыркы сессияга кирбейт. Ошондуктан азыр мандат маселеси парламентте көтөрүлүшү кыйыныраак, - деди ал.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Аскарбек Шадиевден парламент жыйындарына эмне себептен катышпай жатканын түшүндүргөн документ келе элек. Ал эми ал мүчө болгон "Бир Бол" фракциясынын катчылыгынын өкүлү Жаныбек Жалалов Шадиев тууралуу эч кандай чечим чыга элек экенин билдирди:

- Шадиев менен биздин байланышыбыз жок, азырынча эч кандай чечим жок.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов эл өкүлүнүн мандатына байланыштуу эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн айткан. Ага издөө жарыяланганына же кылмыш ишине байланыштуу күч органдарынан же соттон эч кандай маалымат берилген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Шадиев эртели-кеч мандатын тапшырат деген ойдо. Ал бул кадамга өзү барса оң болмок деп эсептейт.​

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин мандатып тапшырып салбадыбы, - дейт ал. - Дегеле ушундай болгондон кийин Аскарбек Шадиев деле “башка депутат партиянын таламын талашат” деп кайрылса болот эле. Эми ал кайра келип, депутат болуп отурушу деле арсар. Анткени козголгон кылмыш иши, ал боюнча соттук териштирүү көпкө жүрөт. Ага чейин мөөнөтү да бүтөт. Баары бир эртели-кечпи ал мандатынан ажырайт. Фракция төрагасы деле сүйлөшүп, "мүмкүн ушундай чечим кабыл аласызбы" десе болмок экен.

Кыргызстандын АКШ, Британия, Франция өңдүү өлкөлөр менен экстрадиция кылуу боюнча келишими жок. Ошондуктан чет өлкөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болгон шектүүлөр ушул өлкөлөрдү тандашат. Атайын кызматтын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов АКШга Башкы прокуратура аркылуу кайрылса боло турганын билдирип жатат.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Айрым өлкөлөр менен кылмыш иштери боюнча көмөктөшүү, жардам берүү, экстрадиция кылуу боюнча маселеси каралган эмес. Максим Бакиевди да ала албай жатканыбыз ошондон. Ага кылмыш иши козголмок турсун сыртынан соттун өкүмү чыккан. Бирок биздин Башкы прокуратура келишим жок болсо да БУУнун коррупция боюнча күрөшүү конвенциясына ылайык аларга кайрылышы мүмкүн. Ошонун негизинде мамлекеттер жардам бериши ыктымал, бирок алар туруктуу жардам берет дегенге жатпайт.

Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетиши да күмөндүү жагдайларды жараткан. Жардамчысы кылмыш иши козголгондон бир күн мурда дарыланууга Москвага кеткенин айтып чыкканы менен УКМК анын качып кеткенин 1-июнда гана расмий билдирген. Расмий маалыматка караганда, Шадиев Тажикстанга өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.

Аскарбек Шадиевдин үй-бүлөсүнө таандык экени сөз болгон бир катар мүлк объектилери жана банктагы эсебинде турган каражат камакка алынган. Бирок камакка алынган бир катар объектилер азыркы учурга чейин иштеп жатканы белгилүү болду. УКМК Шадиев өлкөдөн чыгып кеткенге чейин бир катар мүлкүн сатууга үлгүргөнүн кабарлаган.

Ал эми 30 миң долларга байланыштуу иш Биринчи май райондук сотунда быйыл июнда карала баштаган.

P/S: Макала жазылгандан кийин 2-ноябрда Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын издөөдө жүргөн депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтоткону маалым болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.

Абазбековдун айтымында, Шадиев өз эрки менен жазган арызынын негизинде фракциядан чыгарылган.

Шадиевдин ордуна "Бир Бол" фракциясынын кийинки тизмесинде турган Эрмамат Тагаев депутат болуп катталды. Ага мандат Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-ноябрдагы отурумунда тапшырылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз милициясы: мекендин жүгү оңой эмес

Жыл сайын 1-ноябрь күнү Ички иштер кызматкерлери кесиптик майрамын белгилейт. Мындан 94 жыл мурда дал ушул күнү Кара кыргыз автономиялык облусунда алгачкы милиция бөлүмү ишке кирген.

Президент эл аралык донорлор менен жолукту

Президент эл аралык донорлор менен жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

Өмүркулов: Мени партиядан мыйзамсыз чыгарышты

Өмүркулов: Мени партиядан мыйзамсыз чыгарышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:48 0:00

КСДП: жаракага шынаа каккан чечим

Иса Өмүркулов жана Алмазбек Атамбаев.

Парламенттеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов тиешелүү партиянын саясий кеңешинин соңку чечимин тааныбай турганын билдирди.

Саясий кеңеш 31-октябрда жыйынга чогулуп, Өмүркуловду "партиянын максаттарына жана уставына каршы иштеди" деген негизде партиянын катарынан чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Соңку окуя КСДПнын өзүнүн саясий келечеги, анын азыркы лидерлери тууралуу талкууну жандантты.

Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңешинин соңку чечимине байланыштуу 1-ноябрда Жогорку Кеңеште басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда ал "Атамбаевсиз КСДП" аттуу кыймылдын өкүлдөрү менен жолукканын бышыктады, бирок кандайдыр бир позициясын билдирбегенин айтты.

Өмүркулов саясий кеңештин аны партиядан чыгаруу тууралуу чечимине мыйзамсыз деп баа берди:

- Бир нече облустан, бир нече партиялык уюмдардан келген делегацияны кабыл алгам. Бирок мен өз позициямды айткан эмесмин. Эмне себептен мени партиядан чыгарышканын билбейм. Мен, мисалы, эч мыйзам бузган жокмун. Партиялык тартипти бузган жокмун, партиянын программасын, уставын тутуп келем. Мен бул партияда 25 жылдан бери, түптөлгөндөн бери келе жатам. Бул партия менен Акаевден баштап, Бакиевдин дооруна чейин башыбыздан бир топ кыйынчылыктарды өткөрдүк. Өмүрүмө, үй-бүлөмө кол салуу болгондо да партиянын идеясы үчүн тайманбай аягына чейин тургам. Бир ууч, жети-сегиз адам чогулуптур, саясий кеңештин бул чечими легитимсиз. Мага "чыккынчы" деген да сөз айтылып жатат. Мага каршы добуш берген адамдарды чыккынчы деп эсептейм. Булардын аракети революцияда курман болгон балдардын элесин, идеясын сатуу болуп эсептелет. Ыңкылап өзүнүн үмүтүн актаган жок.

​Иса Өмүркулов "Атамбаевсиз КСДП" деген кыймылга байланыштуу позициясын эми аныктап, бир чечим кабыл алаарын айтты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге өткөн күздөн бери жолуга электигин белгиледи. “Партиянын айланасындагы соңку окуялардын артында азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, фракциялашы Асылбек Жээнбеков баштаган адамдар турат” деген сөздөрдү жокко чыгарды.

- Легитимдүү эмес чечимдин жыйынтыгы партиянын ичиндеги тирешүүгө, туруксуздукка алып келет, - деди Өмүркулов. - Бул партия - өлкөдөгү эң ири партиялардын бири. Албетте, саясий кырдаалга да таасир тийгизиши мүмкүн. Мен кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен кабыл албайм. Алар мага бирөөнүн атынан, Асылбек Жээнбековдун атынан келген эмес. Буга чейин деле, эми деле мага көптөгөн адамдар келет.

Өмүркулов: Мени партиядан мыйзамсыз чыгарышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:48 0:00

​КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын төрагасынын орун басары, депутат Ирина Карамушкина Иса Өмүркуловдун "бир ууч адам чечим кабыл алды” деген сөзүн четке какты. Ал Өмүркуловдун өзүн “фракциянын ишин алып бара албай, партиянын саясий кеңешинин чечимдерин аткарбай жатат” деп айыптады:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

- Ага саясий кеңештин жыйынына катышканга ким жолтоо болду? Аны чакырганы менен жыйындарга келбейт. Кимде чыккынчылык көп? Жыйын болорун билген. Бардык айткан сөздөрүбүзгө, убадаларыбызга, максат-милдеттерге биз, партия жооптуубуз. Ал тургай Сооронбай Жээнбековдун иш-аракеттерине да биз жооптуубуз. Иса Өмүркулов боюнча фракциянын чечими маанилүү деле эмес. Саясий кеңеш - бул жогорку орган. Анда кабыл алынган чечимдер аткарылышы керек. Анын партиянын катарынан чыгарылганы эми партиянын тарыхында жазылып калат. Бизде кечээ саясий кеңештин жыйыны болду, кворум болду, он адам катышты, тогуз адам ишеним каттарын берди. Партия азыр оор, кыйын учурду башынан өткөрүп жатат. Эң коркунучтуусу - партиялаштарга куугунтук башталды. Мен бир жума мурун Курманбек Дыйканбаев аркылуу президенттин кабыл алуусуна жазылгам. Анткени Курманбек Дыйканбаев өзү Ысык-Көлдөгү партиялаштарга чалып, “Иса Өмүркуловдун пайдасына ишеним кат жазып бергиле” деген экен. Ал - президенттин аппаратынын өкүлү, алар эмнеге партиянын ишине кийлигишет?

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да Иса Өмүркуловдун айткандарын сындап чыкты жана аны “"Атамбаевсиз КСДП" деген кыймылдын артында турат” деген саясий күчтөр менен байланыштырды:

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

- Мунун башталганына беш ай болуп калды. Сагынбек Абдрахмановдорду Асылбек Жээнбеков экөө баштаган. Иса Өмүркуловдун көздөгөнү - лидерликке келүү. Менимче булардын баары саясаттан кетиши керек. Ошондо гана өнүгүү жолуна түшөбүз. Иса Өмүркулов "карт бөрү" да. Саясаттагы куулукту ашыра билет. Муну Асылбек Жээнбеков экөө баштаган. Мен муну төрт-беш ай мурун эле айткам. Мунун башында Асылбек Жээнбеков турат. Иса Өмүркуловдун бул айткандары - куулуктун жеткен чеги. Иса Өмүркулов, ага-ини Жээнбековдор буга чейин Атамбаевдин артынан "шеф" деп чуркап жүрүшпөдү беле?

Алмазбек Атамбаевдин саясий тарапташтарынын дооматтарына жогоруда сөз болгон адамдар азырынча үн ката элек.

Эмнеси болсо да КСДПнын айланасындагы соңку окуялар партияга жана анын лидерлерине байланыштуу талкууну кызытты. Талдоочу Алмазбек Акматалиевдин баамында, КСДПдагы тиреш, ажырым соттошуу менен аякташы мүмкүн.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Эки КСДП түзүлөт болуш керек, - деди ал. - Анан бул соттошууга чейин жетиши мүмкүн. Анткени партиядан чыгарылгандардын да, аларды чыгаргандардын да өз дооматы, жүйөлөрү болуп жатпайбы. Албетте, бул жагдай КСДПга аброй, кадыр-барк алып келбейт. Мунун баары эле партияны алсыратууга алып келет. Эми булар “тазаланабыз” деп жатышат. Мисалы, Иса Өмүркулов "Атамбаевсиз КСДП" дегенге бир да жолу пикирин айткан жок, Сагынбек Абдрахмановду колдогон да жок. Бул КСДПнын азыркы лидеринин шашма, кек сактаган, ачууга алдырган мүнөзүнүн кесепети болуп калды.

Саясий серепчи Марс Сариев КСДПнын айланасындагы соңку жагдайда экс-президент Алмазбек Атамбаев саясий упайды алдырды деген оюн айтты:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Бул негизи Алмазбек Атамбаевге эле чоң зыян алып келет. Ичинен саясий күрөш болуп жатпайбы. Сагынбек Абдрахмановду, Иса Өмүркуловду Асылбек Жээнбековдун тарапташтары Атамбаевдин позициясын алсыратуу максатында өздөрүнө тартканга аракет кылып жатышат. Иса Өмүркулов бул кырдаалдан ушинтип эле чыгып кетет. "Партиянын саясий кеңешинин айтканын аткарбайм, чечими легитимсиз" деп жатат. Эми мунун сөзү өтөт, саясий технологдор деле “ушинтип айт” деп кеңеш беришмек. Атамбаев саясий күрөштүн ушул айлампасында чындап эле утулуп жатат.

Азыр "Атамбаевсиз КСДП" деген кыймылдын башында турган Сагынбек Абдрахманов былтыр августтагы курултайда партиянын катарынан чыгарылган.

Анда партиянын саясий кеңеши Абдрахмановду ошол кездеги “президенттикке КСДПдан жалгыз талапкер Сооронбай Жээнбековго каршы иш жүргүзгөн, иш-аракеттери партиянын чечимдерине, максат-милдеттерине карама-каршы келет” деп күнөөлөгөн. Абдрахманов болсо "бул партияга татыксыз адамдар толуп алды" деп айыптап чыккан.

2010-жылдан бери бийликте турган КСДП 1994-жылы түптөлгөн жана ушул тушта мүчөлөрү, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп быйыл март айында кайра шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жылаажын аваз жылдызыбыз 60 жашта

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева. 18.1.2009.

“Азаттык” үналгысынын сыналгы продюсери Бүбүкан Акматжан кызы Досалиеванын мааракесине арналган блог.

Көлдүк кыз

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева 1958-жылы жетинин айынын (ноябрдын) 1инде Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган.

Анын атасы – Акматжан Досалиев 1930-жылы Саруу айылында туулган. Энеси Бейшекан апа Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылынан болот. Алар өмүр бою Саруу айылында иштеп, ардагердикке чыккан.

Бүбүкандын чоң атасы Досалы Күрөңкөй уулу өз доорундагы билим-таалимдүү киши болгон, ошондуктан аны айылдаштары кадырлап Молдоке дешчү экен. Досалы чоң ата Маргалаңдан Кулжа менен Кашкарга Ысык-Көлдүн Сырты аркылуу мата жана башка товарларды ташыган эл аралык соода кербендерине Ысык-Көлдүн бийик ашуулары аркылуу жол көрсөтүп жүргөнүн урпактары аңыз кылып келет.

Совет бийлигинин башында Досалы Күрөңкөй уулу Саруу айылында артел башчысы болгон. 1930-жылдардагы сталиндик куугунтук доору бул үй-бүлөнү айланып өткөн эмес.

1939-жылы Досалы ата "колхоздун тогуз торпогун жоготту" деген кине менен камакка алынып, тээ Ыраакы Чыгышка айдалган. Улуу согуш башталарда андан "карагай кыйып жатабыз" деген кат келген. Досалы атанын качан жана Шибердин кайсы жеринде өлгөнү так эмес.

Бул сыяктуу үй-бүлөлүк купуя болгон күйүттүү окуяларды Досалы атанын урпактары эгемендик доордо гана ачык айта баштады.

Жаш чагында “эл душманынын” уулу катары кыйла жерилгенине карабастан, Акматжан ата өзүнө тың болуп, айыл активдеринин арасында жүрдү. Бейшекан апа экөө Бүбүканды да болочок айдыңдык турмушта өз киндигин өзү кескен чыйрак кыз кылып тарбиялашты.

Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

Элдик кабарчы

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева менен кесиптеш жана замандаш болгонуна сыймыктанган атуулдарыбыз арбын. Алыс барбай эле ушул саптардын ээсин алсак болот.

Акын болбосок да Бүбүканга арнап төрт сап чүргөй салыптырбыз:

Ырдасаң – арген авазың,

Сүйлөсөң – үнүң жылаажын.

Калыстык сыйган кагазың,

Калайык сага ыраазы.

Бүбүкан Акматжан кызы “Азаттык / Эркин Европа” үналгысынын Кыргыз кызматынын (кыскача “Азаттык” үналгысынын) ысыгына күйүп, суугуна тоңгон өзгөчө тажрыйбалуу кабарчыларынын бири катары мүлдө калкыбызга маалым.

Айрым замандаштар азыркы кабарчыларды кабинетте жылуу-жумшак отуруп алып, “бул кабарды жазсамбы же жазбай эле койсомбу?” деп кылыктанган кишилердей санашы мүмкүн.

Чынында, андай шартта иштегендер деле турмушта жок эмес. Бирок дүйнөнүн ар кыл чөлкөмүн ар кандай кырдаалдарга карабастан кезген “талаа этнографы”, “талаа геологу” дегендердей эле, “талаа журналисти” катары мээнет тер төккөн журналисттер да бар эмеспи.

Бүбүканды биз дал ошондой калайык турмушун жеринен чагылдырган элдик кабарчылардын бири катары тааныйбыз.

Мен 1991-жылдын жаз мезгилинен бери өмүрүмдүн кыйла бөлүгүн “Азаттык” үналгысы менен тыгыз байланышта өткөргөн жана 2003-2010-жылдардагы Кыргызстандагы бурулуш окуялар маалында бул кызматтын жетекчиси болгон журналист катары сересеп кылып айтсам, 1995-жылдан берки Бүбүкандын жекече салымы “Азаттык” үналгысынын бардык платформаларын (үналгы, сыналгы жана мултимедиалык материалдарга сыйдырылган интернет тармактарын) өнүктүрүүдө барандуу болду.

Жазганы мыкты, бирок текст окуй келгенде өксүгү сезилген кээ бир кесиптештерден айырмаланып, Бүбүкан өзү жазган терең анализ камтылган материалдар (серептер), алып барган маектери, сүйлөө ыкмасы боюнча өрнөктүү журналист катары аттын кашкасындай бөлүнүп келет.

Ыраматылык Азамат Алтай 2003-жылы кулжа (июнь) айында “Азаттык” үналгысынын Прага шаарындагы кеңсесине келип, өзүнүн ишин улантып жаткан пост-советтик муундагы “азаттыкчыларга” ак батасын берип кеткен. Анын ыраазычылыгын туудурган шакирттеринин бири Бүбүкан болду деп таамай айта алам.

1995–2010-жылдары Бүбүкан “Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын жергиликтүү кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору катары иш аткарды. Ал эми 2017-жылдан тартып аталган кызматтын сыналгы берүүлөрүн уюштурган жетекчи продюсери болуп иштеп келет.

(“Азаттык” үналгысынын азыркы жетекчиси Венера Сагындык кызы 2017-жылы ушул продюсердик кызматка Бүбүканды кайра чакырып жатканын айтканда, мен абдан кубанып, ыраазы болдум. Ага чейинки жети жыл ичинде Бүбүкан башка медиа тармактарына жана университеттерге “Азаттыктын” бейтарап журналистикалык стандарттарын тааныштырган устаттык-педагогдук ишмердигин ырааттуу жүзөгө ашырып келгендигин кыстара кетсек болот).

"Жоогазын ыңкылабы". 24.3.2005.
"Жоогазын ыңкылабы". 24.3.2005.

Жылдарга бергис бир күн бар

Бүбүкан Акматжан кызы “Азаттыктын” кабарчысы катары Кыргызстандын ар кыл аймактарын кыдырып, өтө маанилүү берүүлөр даярдады.

Эсимден таптакыр чыкпай турган окуялардын бирин азыр айта кетпей койо албайм.

2005-жылдын жалган куран (март) айынын 24ү.

Бул күн XXI кылымдын тарыхында Кыргызстандагы алгачкы элдик ыңкылап жүзөгө ашкан күн катары маалым. Аны “Жоогазын ыңкылабы күнү” деп атагандар бар, жөн эле А тамгасын Б тамгасына алмаштырган күн деп сындагандар бар. Ал эми ыңкылаптан улам бийликтен четтетилгендер үчүн ал “кара күн” деп бааланат.

Үмүт да, күдүк да күч болгон ошол күнү таңга маал Кыргызстандын ордо шаарында калайык нааразылык жыйынына акырындап чогула баштады.

“Кыргызстанда Украина менен Грузиядагыдай элдик ыңкылаптар болушу ыктымал” деген жоромолубузга анчейин ишениңкиребесе да, “Азаттык / Эркин Европа” үналгысынын жалпы Жаңылыктар бөлүмү өзүнүн англис жана орус тилдерин мыкты билген кабарчысын саал мурдараак Бишкекке аттандырган болчу.

Ошол күнү эртең менен Бишкектеги ар бир жаңы өзгөрүүлөр тууралуу ар башка булактардан, анын ичинде өз кабарчыларыбыздан да маалымат алып турдук.

Түшкө чейинки кабарларынын биринде кесиптешибиз Бүбүкан Досалиева "Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй 5 миңдей киши келе жатат" деп кабарлады.

Бул – өтө чоң сандык көрсөткүч болчу. Прагада бул кабарды шашылыш англисчеге которуп, жалпы жаңылыктар бөлүмүнө узаттык.

Жаңылыктар бөлүмүнүн ал кездеги башчысы, литва тектүү өтө дасыккан журналист Кестутис Гирниус (Kestutis Girnius) дароо эле мага айттырды:

Кабарчыларыңыз анчалык апыртып жиберишпесинчи, биздин Бишкекте сапарда жүргөн атайын кабарчыбыз болгону миңге чамал киши чогулду деп маалымдады го!

Дегиңкиси, мындай шек санаган мамиле өтө кыйчалыш, татаал учурларды чагылдырууда аба менен суудай керек.

Телефондун кулагын бурап, дароо Бүбүканга байланыштым да:

Эмнеге жыйынга топтолгондордун саны боюнча жаңылыктар бөлүмүнүн өкүлүнүн көрсөткүчү менен биздики дал келбей жатат? — деп сурадым.

Тынчтык, алардын кабарчысы өз маалыматын жөнөтүү үчүн мейманканага кетип калган, ошондон улам эл көбөйгөнүн ал көрбөй калды.

Көрсө, берки чет элдик кесиптешибиз дарыгер Назаралиевдин борборунун жанына бир миңдей киши чогулганда эле алар тууралуу жазып, Прагага кабар жиберүү үчүн мейманканага кеткен экен.

Эми болсо чогулган калайык он миңге чамалап калды! — деп Бүбүкан толкундана айтканы эсте.

Бул соңку кабарды дароо жаңылыктар бөлүмүнө маалымдадык.

Баарынан кызыгы, ошол күнү кечкурун демонстранттар Ак үйдү ээлеп, ал эми үй-бүлөлүк авторитардык түзүлүштү таңуулаган Аскар Акаев сыртка чыга качканда, алиги жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Кестутис Гирниус мырза “Азаттык” үналгысынын жамаатына окуяларды оперативдүү жана калыс чагылдыңар деп шампан алып келип куттуктаган. Бул маал Прага шаары үчүн түш оогон кезең эле.

Бишкекте жана ар кыл облустарда жанын аябай чуркап жүрүп тарыхый окуяларды таамай чагылдырган башка кабарчылардын арасында Бүбүкандын да опол тоодой эмгеги бар экендигин ушул мисал эле тастыктайт.

Өмүрлүк жары Абдыкалык (биз Калыке дейбиз) менен Бүбүкандын үч кызы, бир уулу бар. Алардын көкүрөк күчүгү — Аскар.

Ал эми ошол 2005-жылкы бурулуш окуялардан соң кичинекей Аскардын бир окуясын айтып, Бүбүкан бизди күлдүрдү эле.

Апа, апа, менин теңтуш балдарыма айтып койчу! — деп бир күнү уулу ызалынп келиптир.

Эмне болуп кетти, уулум?

Алар “Аскар качты, Аскар качты! Эми сен да качасың!” деп жатышат. Мени эч жакка качпайт деп аларга айтып койчу, апа!

Ошол жылы саясат менен иши жок тестиерлер да саясатташып кеткенсиген. Азыр Аскар бакыйган жигит болду. Ал элибиздин мыкты атуулу болот деп ишенебиз.

Мээнеткеч жана кесипкөй Мадонна

Бүбүкан Досалиева өзүнүн көп кырлуу чыгармачыл ишине айрыкча талаптуу инсан.

Бир кесиптешибиздин айтканы эсте: “Бир жолу түн бир оокумга чейин тойдо болуп, эртеси таңкы саат 06:00да жумушка эптеп чыктым. Мендей эле тойдо отурган Бүбүкан эжекебиз алда немедей жасанып алып, демейдегисиндей жумушта отурганын көрүп, абдан таң калдым да, ыраазы болдум!”

Жумурияттагы жаш журналисттердин далайы Бүбүканды өз устаты катары кадырлап келет. Ал өзүнүн мол тажрыйбасы менен жалаң гана “азаттыкчылар” менен бөлүшүп чектелбеди.

1985-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде), Бишкек гуманитардык университетинде жана башка окуу жайларда дарстар окуп, семинарлар өткөрүп, далай журналисттерди ырааттуу телчиктирип келе жаткан көп жылдык эмгегин эске алсак, аны бекеринен эл аралык Айтматов академиясына журналистика тармагы боюнча анык мүчөлүккө кабыл алышпагандыгын түшүнөбүз.

Бүбүкан Досалиева саясат таануу тармагында кандидаттык диссертациясын коргоп, бир катар илимий эмгектерди жарыялады. Илим жаатында да өз сөзүн айта алган калемгер кесиптешке ыраазы болбой коё албайсың. Ал 2015–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын ага илимий кызматкери, “Илим” маалымат-басма борборунун директору болгондугу маалым.

Бүбүкан Акматжан кызы менен менен КТРКнын Байкоочу кеңешинде да 2015–2017-жылдары чогуу иштешип калдым.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.

Бүбүкан КТРКны реформалоо боюнча буга чейин эле нечендеген сунуштарын билдирип келчү, ал эми КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү катары ал өзүнүн чынчыл, адилет, принципти бекем карманган мүнөзүн дагы бир жолу таасын көрсөттү десем эч жаңылышпасмын. Менин сөзүмдү Абды Сатаров, Жеңишгүл Өзүбекова сыяктуу башка да мурдагы КТРК БК мүчөлөрү тастыктайт деп ишенем.

Албетте, канчалык калемге жан киргизип алпурушсак дагы, маараке ээси тууралуу биздин бул сөздөрүбүз кыйла супсак экенин түшүнүп турам. Бүбүкандын дүйнөсүн терең ачуу жагынан анын досу, таанымал журналист, публицист жана жазуучу Кален Сыдыкова айымга жетиш кайда-а!”

(Караңыз: Сыдыкова, Кален. Бүбүкан // “Тунук” гезити. – 2001-ж., март).

Кален айым да өз сөзүн көркөм шөкөттөө үчүн маркум акын Барчынбек Бугубаев инибиздин бир ырына шилтеме жасаган болчу:

"Теледен чыкса үнү шаң,

Баарына тегиз Бүбүкан.

Суйкайган сөзүн чуурутса,

Суктанып карайт ар бир жан.

Ырдаса үнү аргендей,

Ыргагын деңиз бергендей.

Ушундай улуу жарыкка,

Ыр ырдаш үчүн келгендей.

Жаштарга үлгү ар иши,

Жакшылык ойноп нагызы.

Карлыгач кушту эстетет,

Канатын ылдам кагышы".

(Булак: “Кыргыз Туусу” гезити. – 1998-ж. – 9-ноябрь).

Бүбүкан Досалиева менен Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова. 1970-жж. соңу.
Бүбүкан Досалиева менен Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова. 1970-жж. соңу.

Курбусун кыргыз журналист айымдарынын Мадоннасы катары баалаган Кален айым Бүбүкандын эч тыным албай изденгич касиетин жогорудагы макаласында мындайча белгилептир:

“...«Колдо бар алтындын баркы жок» кылаттар коомдо митедей жоголбой аралаш келатат го. Ал дагы сулуулугунун, талантынын азабын жеп чыгармачылык бут тосууларга, ичинен кара таруу айланбаган ичи тарлардын тузагына чалынып каржалып келатат. Мына «күп деп эми жыгылат» деп көралбастар ичинен кымыңдап турганда «күп» дебей, кайра күчөнүп кетип, алардын шайын оодарганы анын канча нервин, ден соолугун алды. Киши чиркин, беш күндүк өмүрдө тынч жашабайт экен го. Теңтушу Бурул Сарыгулова жазгандай:

«Сен экөөбүз көздүн жашын жуутпай,

Муңаюуну күлкү менен жеңгенбиз» дегендей, баарын ичине батыра билгендиги, кек сактабагандыгы, аларга теңелбегендиги менен жеңип кетти. Чыгармачылык изденүүдөн го, жүзү ойлуу, санаа тартып турганын көзүнөн көрөм. Кээде, кыжаалаттанып иштеген ишине көңүлү толбой, тигил жерин тигинтип койсом болмок экен деп өкүнүп калмайы бар...”

"Ыүгайсыз суроолор". Кыяс Молдокасымов, Бүбүкан Досалиева (алып баруучу) жана Рахат Ачылова. 15.4.2010.
"Ыүгайсыз суроолор". Кыяс Молдокасымов, Бүбүкан Досалиева (алып баруучу) жана Рахат Ачылова. 15.4.2010.

Жогорудагы Бүбүкандын бейнесин чебер сыпаттаган мыкты ойлордун булагын көрсөтүү менен плагиаттыктан өзүбүздү оолак туттук, бирок Кален менен Барчынбек менин көкүрөгүмдөгү ойлорду кантип мага билгизбей “уурдап” алып, биринчи болуп жаза салышканын миң жолу айтсам да, эч ким ынанбас (юмор менен жумушу жокторго “бул – тек гана азил сөз” деп эскерте кеткеним жөндүр).

Бүбүкан Акматжан кызы досубузга “-мыш” дооруна башпагып жаткан туулган күнүндө 110 жашты чидерлегендей бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, журналисттик жаңы серелерди багынтканга түрткөн соолгус жигер жана дилгирлик каалайм.

Кылчактабай артка качкан жылдарды мыш кылып, дайыма 18 жашта бойдон кала бериңиз!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Акаев: Өмүркулов КСДПдан чыкканын чымын чаккандай көрбөйт

Жанарбек Акаев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарууну чечти. Бул теманын тегерегинде буга чейин КСДПнын катарынан чыгарылган дагы бир парламент депутаты Жанарбек Акаев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": КСДПнын Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганын жарыялаганы эмнеден кабар берет?

Жанарбек Акаев: Биз "20 жылдык тарыхы бар" деп айтып жүргөн КСДП азыр аябай кыйын кырдаалга кептелди.

Партиянын ичиндеги ажырым коомчулукка ачыкка чыга баштады. Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы бийликтин, ошондой эле фракция ичиндеги тирештин ачыкка чыкканын байкасак болот. Бул парламенттеги депутаттар, саясатчылар үчүн күтүлгөн эле кабар болчу.

Анткени Иса Өмүркулов президент Сооронбай Жээнбековдун командасына ыктап, эски досу Атамбаевден алыстап кетти. Анын үстүнө жакында эле "Атамбаевсиз КСДП" деп жүргөн топту кабыл алып, алар менен сүйлөшкөнү мурдагы президенттин ачуусуна тийди окшойт.

Эми бул тиреш күчөй берет. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын "КСДП кимдики болот? Сооронбай Жээнбековго ыктаган саясий топтордун партиясы болобу же Атамбаевдин өзүнүн партиясы болобу?" деген суроолор азыр күн тартибинде турат.

Учурда партиянын тагдыры талашка түштү. Анын ким тарапта болору белгисиз.

"Азаттык": Жыйырма жылдык тарыхы бар партиянын мындай абалга келишине эмнелер себеп болду?

Жанарбек Акаев: Мурдагы президент менен азыркы президенттин көп маселе боюнча пикири келишпей, алардын ажырымы баарыбызга белгилүү болуп калган. Алардын позициялары бири-бирине дал келбей калды.

Анын негизинде Атамбаевдин жакын санаалаштары камалды. Аягы ушуга жеткирди. Бирок Атамбаевде азыр эч кандай саясий тактика, рычаг, электорат жок. Болгону бир-эки телеканалы менен акчасы бар. Андан башка партиясында саясий кеңештин жыйынын улам өткөрүп, бирөөнү "партиядан чыгардык" деп коркутуп жатат.

Ошол эле учурда Кыргызстанда саясатчылар үчүн партиядан чыгып калуу трагедия деле эмес. Керек болсо беш жыл сайын партия алмаштырып жүрүшөт.

"Азаттык": КСДП "Өмүркулов партиянын максаттарына жана уставына каршы иштерди жасаганы үчүн чыгарылды" деп жатат. Ал кандай максат жана кандай иштер? Буга чейин да ушундай эле жүйө менен партия курамындагы депутаттарды катардан чыгарган учурлар болгон. ​

Иса Өмүркуловдун Алмазбек Атамбаевге буга чейин эле таарынычы болгон. Анткени, талапкерлердин тизмесин түзгөндө бул кишини алдыңкы он орунга кошкон эмес.

Жанарбек Акаев: Менин билишимче, Иса Өмүркуловдун Алмазбек Атамбаевге буга чейин эле таарынычы болгон. Анткени 2015-жылы талапкерлердин тизмесин түзгөндө бул кишини алдыңкы он орунга кошкон эмес.

Бир канча жолу премьер-министр, спикер алмашты. Бул киши "мени премьер-министр же спикер кылат" деген ойдо жүрсө керек. Бирок Атамбаев Өмүркуловго андай кызматтарды ыраа көрбөдү. Ошон үчүн Өмүркуловдун таарынычы бар болчу. Азыр Атамбаев менен ачык тирешүүгө өттү.

"Азаттык": Ошол эле кезде парламенттеги фракция лидери болуп жүрбөдүбү?

Жанарбек Акаев: Фракция лидери болуп иштеди. Бирок фракция лидеринде көп бийлик жок болчу. Атамбаев аны таарынтпайын деп, биротоло сүрүп салган жок. Жанында кармап жүрдү. Бул жерде эң талаштуу маселе бар. Менимче, эртең-бүрсүгүндөн калбай бул маселе ачыкка чыгып, бир катар пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Ал саясий кеңештин кворуму менен байланыштуу.

Мен билгенден, булардын саясий кеңешинде 31 мүчө бар. Анын он алтысы чогулду дегенге ишенбейм. Анткени, менин билишимче, саясий кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Атамбаевдин саясий максаттарын ишке ашырууга катышуудан баш тартып, президент Сооронбай Жээнбеков тарапка өтүп кетишкенин билем.

Ошондуктан алар он беш адам топтой албайт. Ишеним каттарын чогултканда да ага жетпейт. Булар беш-алты киши менен гана жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгын жарыялап коюшу мүмкүн. Мунун легитимдүүлүгү өзүнчө маселе жаратат.

"Азаттык": Эми аны ким ачыкка чыгарат? Иса Өмүркулов фракция лидерлигинен кетеби?

Жанарбек Акаев: Саясий кеңештин мүчөлөрү, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары сөзсүз түрдө бул маселеге кызыгат. Анткени алар каалагандай чечим чыгарып атышы мүмкүн.

Ошол эле убакта жакында эле Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарып, "парламенттеги тармактык комитеттин төрагалыгынан кетет" дешти эле, ал кеткен жок. Өмүркулов деле муну чымын чакканчалык көрбөйт деп ойлойм. КСДПнын азыркы чечими саясий абалды өзгөртпөйт. Болгону ажырымды коомчулукка ачыкка чыгарып койду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Унутулган "саясий туткундар"

Унутулган "саясий туткундар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:06 0:00

Жол кырсыктары: үрөй учурган сандар

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өткөн тогуз айда 5118 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6299 адам жабыркап, 458 киши көз жумган.

Башкы прокуратура үрөй учурган мындай көрсөткүчтүн себебин жол коопсуздугуна кепилдик берген мыйзамдар сакталбай жатканы менен байланыштырды.

Андан алынган маалыматка караганда, каттоодогу психикалык жактан оорулуу адамдарга жана мурда айдоочулук укуктан сот ажыраткан кишилерге да айдоочулук күбөлүктөр берилип турган.

Ал эми эркин талдоочулар мунун негизги себебин өлкөдөгү тутумдашкан коррупциядан жана мамлекетте азыр бул системаны өзгөртүүгө каалоонун жоктугунан көрүшөт.

Санаага салган сандар

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча эң көп жол-транспорт кырсыктары Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган.

Быйыл 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 5 миң 118 жол кырсыгы болуп өткөн. Былтыркы жылдын тогуз айында 4 миң 463 жол кырсыгы катталып, жалпы көрсөткүч быйылкы жылдын ушул мезгилине караганда 148 фактыга аз болгон.

Бирок ошол эле учурда былтыркы жылдын тогуз айында 603 адам каза тапса, быйылкы жылдын тогуз айында 458 киши жол кырсыгынан көз жумган.

Быйылкы жылдын тогуз айында 6 миң 299 адам жол кырсыгынан ар кандай жаракат алса, былтыр ошол мезгилде 6 миң 798 киши кырсыктаган.

Жол кырсыгы боюнча 265 кылмыш иши козголуп, 4 миң 710 иш боюнча иш козгоодон баш тартылган. 141 материал учурда текшерилип бүтө элек. Башкы прокуратуранын тиешелүү бөлүмүнүн башчысы Марс Тентиев сотко өткөрүлгөн иштердин жыйынтыгына мындайча токтолду:

- 2018-жылдын тогуз айында соттор тарабынан жол кырсыктарына байланыштуу 229 кылмыш иши каралган. Анын арасынан сотттордун өкүмү менен 37 адам эркинен ажыратылган. Жетимиш адам шарттуу жазага тартылган. 114 кылмыш иши кыскартылган. Бир кылмыш иши боюнча актоо өкүмү чыккан. Эки иш боюнча эки адам акчалай жазага тартылган. Ал эми административдик жоопкерчилик боюнча жалпысынан 7367 иш каралган. Анын ичинен 2 миң 484 адамга айыппул салынган. 4029 адам автоунаа айдоо укугунан ажыратылган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр 2017-жылы жалпысынан 907 адам жол кырсыктарынан каза тапкан. Анын арасынан 104 адам жаш балдар болгон.

Кыргызстандын жолдорундагы ушундай абалдан улам быйыл жыл башында Башкы прокуратура тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдуулуктун сакталышын текшере баштаган.

Буга чейин жол кырсыктарынын сексен пайыздан ашууну айдоочулардын күнөөсүнөн улам болгону талдоого алынган. Ал эми айдоочуларга күбөлүктөрдү кимдер берет?

Акчага сатылган айдоочулук күбөлүктөр

Прокуратура органдары Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгын, Автоунаалар менен айдоочулук курамды каттоо департаментин жана айдоочуларды даярдаган мектептерди текшерген.

Натыйжада, мыйзам бузулган учурларды оңдоо боюнча 226 прокурордук чара көрүү актысы жазылган. Анын ичинен 34 кылмыш иши козголуп, 13 административдик чара көрүлгөнү белгиленди.

Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн прокурору Чыңгыз Айдаров айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө үрөй учурган коррупциялык кылмыштар ачылганын билдирди:

- Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча департаментти текшерүүдө соттун чечимдери менен айдоочулук укуктан ажыратылгандарга жана психикалык жактан жабыркаган адамдарга да айдоочулук күбөлүктөрдү берген үрөй учурган фактылар ачылды. Андай адамдар айдоочулук укук берген күбөлүк алууга такыр болбойт болчу. Ушундай көрүнүштөргө байланыштуу 20 кылмыш иши козголду. Алардын айрымдары учурда жарым-жартылай тергелип, кээ бирлеринин кылмыш иштери азыркы учурда жарым-жартылай соттун кароосуна өткөрүлүп берилүүдө.

Бирок прокурор психикалык жактан оорулуу адамдарга жана мурда автоунаа айдоо укугунан ажыратылган жарандарга айдоочулук күбөлүк жазып берген кылмыш фактылары кайсы мекемелерде катталганын жана бул боюнча жалпысынан канча кызмат адамы жоопко тартылганын айткан жок. Ошол эле кезде айдоочулар мектебине окубаган адамдарга күбөлүк жазып берген фактылар тууралуу да жалпы гана маалымат берилди.

"Кылмыштардын тамыры - тутумдашкан коррупцияда"

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоодогу мындай терс көрүнүштөрдү талдоочулар тиешелүү мамлекеттик органдардагы тутумдашкан коррупциянын кесепети катары карашат.

Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова жол коопсуздугун тартипке салып, жаңы технологияны киргизүүнүн ордуна бийлик көп жылдан бери курулай убадалар менен алек болуп жатканын айтты:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- "Бүгүн силер кандай иш-аракет көрүп жатасыңар? Эртең ушул көйгөйлөрдү чечиш үчүн эмне кылабыз?” деген маселелер көтөрүлүшү керек эле да. Анан азыр эми жол кырсыктарын болтурбай, алдын ала чара көрүүнүн ордуна статистиканы жалпылап айтып койгондон эмне өзгөрмөк эле? Биздин мамлекеттик органдар жол коопсуздугу тармагындагы оор абалды жөнгө салуунун ордуна айрым демилгелерге тоскоолдук кылып, аларды ишке ашырбай турган ыкмаларды аябай мыкты өздөштүрүп алышкан. Текшерүүчү органдардын көптүгү коррупциялык көрүнүштөрдү кайра тескерисинче көбөйтүп жатканы анык. Эми кайда барып токтоор экенбиз? Негизи азыркыдай эле коррупциялашкан системанын жашап турушуна көп кызмат адамдары өздөрү кызыкчылыгы бар окшойт. Себеби алар муну эчактан берки көмүскө киреше булагына айландырып алышкан. Ошондуктан абал өзгөрбөй жатат.

Буга чейин өкмөт жол коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү боюнча бир нече жолу демилге көтөрүп, бирок анысы жети жылдан бери ишке аша элек.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча буга чейин сегиз жолу тендер өтүп, бирок андагы “жоболор бузулду” деген аягы көрүнбөгөн талаш-тартыштардан улам жол эрежеси бузулган учурларды тасмага тартып, каттоочу видео жабдуулар орнотулбай келе жатат.

"Азаттыктын" архиви: Кандуу жолдор: күнөө кимде? 29-ноябрь, 2017-жыл. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргызстандын 666 тонна алтыны

Кыргызстандын 666 тонна алтыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

КСДП Өмүркуловду партиядан чыгарды (видео)

Депутат Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алды.

Партиянын катчылыгы тараткан маалыматта бул чечим Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай кабыл алынганы айтылат.

Депутат Иса Өмүркулов 1-ноябрда журналисттер үчүн жыйын өткөрүп, өзүнүн партиядан чыгарылышы "мыйзамсыз" экенин айтты.

31-октябрда КСДП партиясынын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Анда 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу макулдашылган.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДП партиясынын төрагасынын орун басары болуп тандалган.

Буга чейин жер-жерлерде "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйындарды уюштуруп жаткандарды парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алганын Сагынбек Абдрахманов кабарлаган. Бирок Өмүркулов өзү бул маалыматты тастыктаган эмес.

Өзүн ушул партиянын мүчөсү катары тааныштырып жүргөн Абдрахманов жолугушууда Өмүркулов аларды колдогонун айткан:

- «КСДПга жалаң уурулар, коррупционерлер келип алышты» деген сындуу катуу сөздөр айтылды. Анан «ошолордон тазаланыш керек, анын башында турган Атамбаевди съездде гана кетиребиз» деген сөз болду. Съездди кандай өткөрүш керек - ал дагы айтылды. Мына ушундай сындын баарын Иса Шейшенкулович абдан туура кабыл алды деп ойлойм. Иса Өмүркулов терс эч нерсе айткан жок. «Туура» деп колдоду.

Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйындарды төрт облуста, Чүй облусунун бир катар райондорунда өткөргөн. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев “КСДПны жеке менчигине айлантып, партиянын түптөлүшүнө салым кошкон эски партиялаштарын четке сүрүп койгонун” билдирип келе жатат.

Ал эми КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Сагынбек Абдрахманов партиянын саясий кеңешинин чечими менен былтыр эле партиянын катарынан чыгарылганын кабарлаган. Ал «Атамбаевди лидерликтен түшүрүүнү каалагандар менен Иса Өмүркулов жолукту» деген маалымат тууралуу мындай пикирин билдирген:

- Менин билишимче Иса Өмүркулов азырынча бул маалыматты тастыктай элек. Ушул тапта партиянын айланасында болуп жаткан көрүнүштөр КСДПнын 25 жылдык тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Партияда мурда деле саткындар, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон уйгактар болуп келген. Азыр болуп жаткан бул оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп-жарганга кызыкчылыгы бар. Бирок бул ыплас иштер эч нерсеге алып келбейт, майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестетип болбойт, - деген Жолдубаева.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров партияда өз ара тиреш бар экенин «Азаттыкка» билдирген.

КСДП буга чейин депутат Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарганын жарыялаган.

Быйыл март айында КСДПнын жыйыны өтүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы - эгемен Кыргызстандагы эң эски жана ири саясий күчтөрдүн бири. Ал 1993-жылы түзүлгөн. Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Илмиянов менен "Дизел комплекттин" сырдуу байланышы

Икрамжан Илмиянов (ортодо).

"Азаттык" Икрамжан Илмияновго "демөөрчүлүк жардам иретинде ири суммадагы акча берген" деген "Дизел комплект" компаниясы жана козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайын иликтеп чыкты.

Икрамжан Илмияновдун ири суммадагы акчаны алганы тууралуу "Дизел комплект" компаниясы УКМКга арызданганы белгилүү болду. Былтыр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) бул фирманын өзүнө кылмыш ишин козгогон, бирок ал жабылып калган.

Кылмыш ишин УКМК быйыл жазында кайра жанданткан.​

"Дизел комплект", чуулгандуу жүк

Былтыр жайында "Азаттык" радиосу "Аламүдүн" темир жол бекетинен "аткезчилик жол менен алынып келди” деген, ири өлчөмдөгү "БелАз" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаалар кармалганын иликтеп жазган.

37 вагондо турган бул жүктүн баасы миллиондогон долларды чапчыйт деп эсептелген.

Финполиция "тергөө кызыкчылыгына каршы келет" деген жүйө менен бул факты боюнча маалымат берүүдөн ошондо эле баш тарткан.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз өкүлү Эркин Кайымов жүк кылмыш ишинин негизинде камакка алынганын ырастаган:

- “Салык төлөөдөн качуу" деген берене менен кылмыш иши козголгонун айтышты. Ошол жүктүн баары камакка алынды. Компаниянын атын азыр унутуп калдым. "Дизел..." болсо керек эле.

"Азаттык" камакка алынган жүктүн ээси "Дизел комплект" компаниясы болушу мүмкүн экенин жазган болчу.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов "Дизел комплект" ишканасына былтыр Финполиция кылмыш ишин козгогонун, бирок ал жабылып калганын ырастады. Анын маалыматына караганда, бул кылмыш ишин тергөө быйыл жазында кайра жанданды.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Быйыл жазында "Дизел комплект" боюнча жабылган, токтотулган кылмыш ишинин алкагында кайра кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишин тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына берилген. Учурда "Дизел комплект" боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатат. Мындан башка чоо-жайын айта албайбыз.

"Азаттык" радиосу "Дизел комплектке" байланыштуу айрым соттук материалдарды тапты.

Ага ылайык, Бишкектеги Биринчи май райондук соту 12-апрелде УКМКнын Э. Майлыбаев аттуу тергөөчүсүнүн "Дизел комплект" жана "Автотрейд" компанияларынын “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы кеңселеринен каржылык жана башка бардык документтерди алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Ошондой эле сот компаниянын мүлкүн, эсебин да камакка алууга, импорт-экспорт менен байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүүгө да тыюу салууга макулдук берген. Компаниянын өкүлдөрү буга байланыштуу соттун жогорку инстанцияларына кайрылганы менен доо арыздардын баары четке кагылган.

Бул сот жараяндарында адвокат Владимир Лесниченко "Дизел комплекттин" өкүлү болгон. Биз Лесниченко менен байланышып, кылмыш иштери, сотто каралган арыздар, “Икрамжан Илмияновго берилди” деген акча тууралуу сурадык. Ал Илмиянов тууралуу билбей турганын айтты жана купуялуулукка шылтап, кылмыш иши, компаниянын жетекчилери жөнүндө маалымат берген жок:

- Биз "Дизел комплекттин" ишеним катынын негизинде алардын айрым бир сот иштериндеги өкүлүбүз. Алардын адвокаты эмеспиз. Ал жерде көп эле жагдайлар болгон, ошондуктан баарын айта албай турам. Сиз бул тууралуу кайдан билдиңиз? Сизге ким маалымат берди? Буга чейинки сот материалдарын таптыңызбы? Бул иштер боюнча азырынча кандайдыр кескин иш-аракеттер жок экенин айта алам. Мен Икрамжан Илмиянов ким экенин тааныбайм. Ал боюнча биринчи сизден угуп жатам. Мен компанияга козголгон кылмыш иши, компаниянын жетекчилери тууралуу маалымат бере албайм, бул жашыруун маалыматтар.

Юстиция министрлигиндеги маалымат боюнча, "Дизел комплект" жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылы апрелде кайра каттоодон өткөн. Анын ишмердиги катары "адистештирилбеген дүң соода", ал эми дареги катары “Бишкек” эркин экономикалык аймагы көрсөтүлгөн.

Компаниянын жетекчиси Грамович Николай Викторович, ал эми негиздөөчүсү Оганянц Грант Рафаэлович экени жазылган. Интернеттеги айрым маалыматтарга караганда, бул экөө тең Кыргызстандын жарандары эмес.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, ал "БелАЗ", "МАЗ", "Силовые агрегаты - Группа ГАЗ" жана башка компаниялардын расмий дилери жана негизинен оор жүк ташуучу автоунааларды жана ар кандай техника, жабдуу алып келип сатуу менен алектенет. Товар негизинен Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жөнөтүлөт.

Саясий чөйрөдөгү булактардан алынган, азырынча тактала элек маалыматка караганда, УКМКга Илмияновдун акча алганы боюнча "Дизел комплекттин" Айгүл аттуу өкүлү арызданган. Ал булактардын айтымында, Илмиянов аларга козголгон кылмыш ишинин жабылышына жардам берген.

Купуя кылмыш иштери

Биз "Дизел комплекттин" жетекчилери, өкүлдөрү менен байланышып, мындай маалыматтарды тактаганга аракет кылдык. Расмий сайтында жазылган эки телефон номердин бирөө иштебейт экен. Экинчи номердеги адамдан "Дизел комплект" компаниясына тиешеси жок экени тууралуу жооп уктук.

Бирок кызыгы, мындан көп өтпөй эле бейтааныш номерден өзүн "Дизел комплекттин" башкаруучусу деп тааныштырган айым байланышты. Бирок ал өз аты-жөнүн атоодон, компания, ага козголгон кылмыш иштери, Икрамжан Илмияновго байланыштуу жазылган арыз тууралуу айтып берүүдөн караманча баш тартты:

Мен компаниянын башкаруучусумун. Бирок ооруп жатам.

- Саламатсызбы? Сиз "Дизел комплектти" издеп жатасызбы? Мен сизди угуп жатам. Мен азыр телефондон сүйлөшө албайм. Ооруп жатам. Сиз эч ким менен сүйлөшө албайсыз. Мен компаниянын башкаруучусумун. Бирок ооруп жатам. Телефондон сүйлөшө албайм. Менин атым Айгүл эмес. Эгерде компаниянын башка өкүлдөрүн таппай жатсаңыз, анда бул сиздин проблемаңыз. УКМКга мен арыз жазган эмесмин. Менин да жетекчилерим бар. Мен эч кимдин телефонун бере албайм.

Эми айрым бир кызык жагдайлар тууралуу сөз кылалы.

"Дизел комплект" компаниясына козголгон кылмыш ишин жана алардан ири өлчөмдө акча алган деп камакта отурган Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишин учурда УКМКнын Э. Майлыбаев аттуу тергөөчүсү иликтеп жатат.

Тергөө материалдарына ылайык, "Дизел комплект" Илмияновго 150 миң долларды, башкача айтканда 10 миллион сомдон ашык акчаны былтыр 8-августта берген.

"Ачык бюджет" порталындагы маалымат.
"Ачык бюджет" порталындагы маалымат.

Финансы министрлигинин "Ачык бюджет" порталындагы маалымат боюнча, "Дизел комплект" 2013-жылдан ушул кезге чейин 18 миллион сом салык төлөгөн. Анын басымдуу, негизги бөлүгүн, тактап айтканда 17 миллион сомго жакын акчаны кошумча нарк салыгы катары былтыр 7-августта, тактап айтканда “Илмияновго 150 миң доллар "демөөрчүлүк жардам катары берилди” дегенден туура бир күн мурда которгон.

"Дизел комплекттин" кеңсеси былтыртан бери жабык турат

"Дизел комплект" тууралуу “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Мирадил Бакашев "Азаттыкка" учкай айтып берди. Ал бышыктагандай, аталган компанияга кылмыш иши былтыр жыл башында козголгон жана ошондон бери кеңсеси жабык турат:

- "Дизел комлект" компаниясы 2006-жылы февраль айында Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. Андан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын субъектиси катары макам алган жана 2006-жылдан бери иш жүргүзүп келген. Өкмөттүн эркин аймактар тууралуу жобосу боюнча бул жерде иштеп жаткан субъектилер өндүрүш, тейлөө жана кызмат көрсөтүү, соода-сатык деген үч түрлүү иш жүргүзө алат. "Дизел комплекттин" ишмердиги кызмат көрсөтүү болгон. Булардын өздөрүнүн СЭЗде курган жайы болгон эмес, бул жердеги курулган, даяр имаратты ижарага алышкан. Бүгүнкү күндө ал имарат 2017-жылдан бери жабылып турат. 2016-жылы февраль айында аларга Финполиция кылмыш ишин козгогон. Бүгүнкү күндө да тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыр ал жерде эч ким жок.

Буларды эркин экономикалык аймактан кетти деп айта албайбыз. Биздеги субъектилердин катарынан чыгышы үчүн алар өздөрү арыз жазышы керек. Алар арыз жазышкан эмес. Бүгүнкү күндө субъект катары бизде каттоодо турат.

"Дизел комплект" компаниясы Икрамжан Илмияновго ири суммадагы акча бергени тууралуу маалымат УКМКнын тергөөчүсү менен КСДП партиясынын кат алышуусунан улам белгилүү болгон.

Бийликтеги партия ушул жуманын башында "УКМКнын Э. Майлыбаев аттуу тергөөчүсүнөн келди" деген, мөөнөтү 24-октябрь экени көрсөтүлгөн расмий катты жарыялаган.

Анда "2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов "Дизел комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды "демөөрчүлүк жардам" катары алганы тергөөдө аныкталды" деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.

КСДП болсо партия былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду сүрөгөнүн, шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык иштерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкенин билдирген.

КСДП штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экенин, акча албаганын белгилеген. Партия тергөөчүгө "бардык суроолор боюнча мурдагы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго же БШКга кайрылууну" сунуш кылган.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын маалымдады:

- Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланып жатат. Тергөө ар тараптуу жана калыс жүргүзүлүүдө. Маалыматтарда айтылган акча каражаты берилгени жана кай жакка коротулганы боюнча бардык жагдайлар аныкталууда. Тергөөдө Илмиянов акчаны алганы тууралуу жетиштүү далилдер бар. Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда.

Мунун алдында УКМКнын тергөө абагында отурган Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев "Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат" деген мазмундагы кабарларды жокко чыгарып, аларды чагым катары баалаган эле:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

- Бизде кандайдыр бир чагымдарды уюштурган учурлар болгон. Мен аны менен такай сүйлөшүп турам. Менде андай маалыматтар жок. Ага айыбын угузганда күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан. Менимче бул чагым. УКМКнын Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу ачык айтпай жатканы бир чети мени кубандырат. Анткени бул жабык маалымат болушу керек. УКМК бул жагынан мыйзамды сактай баштаптыр. Анткени алар буга чейин таратууга мүмкүн болбогон маалыматтарды таратышчу. Алардын шектенүүсү "ушундай болду" дегенди билдирбейт.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийликтеги эң таасирлүү адам катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов быйыл 20-октябрда Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Башкы прокуратура ага 28-сентябрда эле "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, издөө салганы белгилүү болгон. Сот аны 28-ноябрга чейин тергөө абагына камакта калтыруу тууралуу өкүм чыгарган. Бишкек шаардык соту 31-октябрда Илмияновдун бөгөт чарасы тууралуу анын жактоочусунун арызын карады, бирок райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Астана Асылбек уулун Бишкекке береби?

Дамирбек Асылбек уулу.

Алматыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун үстүнөн сот жараяны башталды. Эки шериги менен бирге аткезчилик боюнча айыпталган мурдагы депутат кыргыз жараны экенин айтып, Кыргызстанда соттоону суранганы белгилүү болду.

"Эл аралык аткезчи топтун мүчөсү болгон" деп Казакстанда жыл башында кармалган Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Дамирбек Асылбек уулунун үстүнөн сот 19-октябрда башталды. Асылбек уулу менен бирге айыпталган жети казакстандык жана эки кыргызстандык жарандын ишин Алматы район аралык соту карап жатат.

Жараяндын жүрүшүндө Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын жараны экенин билдирип, анын үстүнөн сотту өз мекенинде өткөрүүнү суранган.

Сотко көз салып жаткан "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Айбек Бейсебай жараяндын жүрүшү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган бир нече адамдын үстүнөн Алматы сотундагы алдын-ала отурум 19-октябрда өттү. Анын жыйынтыгы менен негизги иш 2-ноябрга белгиленди. Алматы район аралык сотунун билдирүүсү боюнча, сот ачык өттү. Аны журналисттер чагылдырса болот.

Ошентип, Алматы район аралык соту карап жаткан иш 2-ноябрда уланмакчы.

Асылбек уулунун мурдагы фракциялаштары мындан аркы соттун жүрүшүнө катышып, көз салууга ниеттенип турушат. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбековдун айтымында, сотко атайын өкүл жөнөтүлмөй болду:

- Бизден да өкүлдү катыштырганга аракет кылып жатабыз. Казакстандын “ал биздин жаран” деген версиясы бар. Ошондуктан азырынча ашыкча сөз айта албайбыз. Сотко бизден өкүлдөр катышат. Ошондон кийин гана маалымат бере алабыз.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаты болгон Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында жана Алматы шаарында 2018-жылдын 15-16-февралында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон.

Алматы сотунун чечимине ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаран – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камакка алынган. Казак бийлиги кармалгандарга "чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөргөн" деген айып таккан.

Мындан соң Казакстандын тиешелүү расмий органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экени тууралуу маалымат таратып, тиешелүү документтерди жарыялаган. Дал ушул документтердин негизинде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыраткан.

Бирок Асылбек уулунун жакындары анын улуту кыргыз экенин жана Кыргызстандын жараны болгонун айтып жүрүшөт. Ал түгүл Асылбек уулу Кыргызстандын атынан бир нече спорттук мелдешке катышып, байге утканын айтышкан.

Экс-депутат саясатка аралашканга чейин аты-жөнүн жана туулган жылын өзгөрткөнү тууралуу да маалыматтар тараган. "Дамирбек Асылбек уулу кадеттердин мелдешине катышуу үчүн казак жарандыгын жашын эки жылга кичирейтип алган" деген версиялар да айтылган.

Социалдык медиада Дамирбек Асылбек уулу бир кезде 1979-жылы туулган Динарбек Супатаев деген ысым менен бир нече спорттук мелдешке катышып жүргөнү белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргызстан кандай болгон күндө да парламенттин мурдагы депутатынын кызыкчылыгын коргоого аракет кылышы керек болчу деген пикирде:

Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

- Биз буга чейин бардык тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Башка жарандар да кайрылган. Бирок "сот чечими чыкмайынча, эч кандай аракет болбойт" деген жооп келип жатат. Себеби, Казакстанда кармалгандыктан ал жакта соту болору айтылууда. Бирок мамлекет катары өз жараны кайсы жерде кандай кырдаалга туш болсо, кам көрүшү керек болчу. Бул мамлекеттин кубаты, күчү ушундан билинет. Биз да ошондой мамиле кылышыбыз керек эле.

Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп алуу канчалык мүмкүн деген суроо жаралды.

Мурдагы юстиция министри, адвокат Мукар Чолпонбаевдин айтымында, жарандыкка байланыштуу чырдан улам Дамирбек Асылбек уулун өлкөгө өткөрүп алуу кыйын.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- Анда Кыргызстандын да, Казакстандын да паспорту болгон деп жатпайбы, - дейт ал. - Казакстанда кармалды. Ошондуктан, аларды өткөрүп алуу кыйын деп эсептейм. Алар өз жараны катары өз мыйзамдарына ылайык соттойт.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2007-жылы шайланган. Анда "Ак жол" партиясынын мүчөсү катары парламентке келген.

Казак жарандыгы бар адам Кыргызстанда эки ирет депутаттыкка шайланганы белгилүү болгон соң бийлик өкүлдөрүнүн жарандыгын текшерүү боюнча маселе да көтөрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Неберем жазуучунун батасын алган”

"Мен билген Айтматов" сынагына Бүбүсара Шамурзаевадан келген эскерүүнү сунуштайбыз.

2008-жылдын 25-апрелинде Улуттук компьютердик гимназияда Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракеси өткөн эле. Ата-энелер фондунун төрайымы болчумун. Директор Музаева Э.Т. жана мектептин жалпы жааматы жазуучу менен жолугушуу уюштурду.

Улуу жазуучу Айтматовдун окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуусу абдан жакшы деңгээлде өткөн. Жамаат кой союп, Чыңгыз Айтматовдун батасын алып, Бакай чапан кийгизип, эки сааттай баарлашып отурдук.

Ошол жолугушууда Айтматов "мектепке өкмөттөн жардам болуп жатабы?" деп сураган. Биз "ата-энелер өздөрү каржылап жатат. Сиздин бир китебиңиз чыгыш керек эле" десек, өкмөт каржылай албай, китептер убактылуу чыкпай турганын айткан.

Ошол убакта неберем үч жашта болчу, Айтматовдун китебин сатып алып, кол тамгасын алгам. Ал киши неберемдин атын, жашын сурап, чекесин сылап "өмүрлүү бол" деп батасын берип, кол тамгасын койгон.

Сегиз киши болуп дасторкондо отуруп, жазуучуга койдун башы тартылып, мага куймулчак тийген. Ал киши күлүп, гүлчатайды шашпай жеп, "менин чыгармамда биздин жакшы көргөн тамак гүлчатай десем “Белая пустыня" тасмасындагы кыздын атын Гүлчатай деп коюшкан" деп айтып берди.

Жазуучу чекесин сылаган неберем Орунтаев Нурислам азыр №67 мектепте жалаң бешке окуйт. Ал отуздан ашык медалдын ээси. Түркияда эки жолу, Орусияда эки жолу, Таразда эки жолу медал алып, Татарстандагы "Рубин" футбол командасына чакырылган.

Неберем "Ч.Айтматов чекемди сылаган, ошол кишинин батасы тийип, ошон үчүн ушундай ийгиликтерге жетип жатам" деп сыймыктанып жүрөт.

Көп эле адамдар Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу үчүн үч сааттан ашык күтүп, мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Биз болсо бул киши менен жолугушканыбызга өтө бактылуубуз.

Шамурзаева Бүбүсара Бейшеналиевна

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жылуулук менен суудан өксүгөн Нарын

Нарын шаары.

Кыш босогодо турганда Нарын шаарындагы беш мектепке, эки бала бакчага жана беш кабаттуу алты үйгө жылуулук бериле элек.

Мындан тышкары, шаардын борбордук аймагында таза суу да эки күндөн бери бериле элек. Муну жергиликтүү бийлик ремонт иштери менен байланыштырып жатат.

Нарын суу канал ишканасынын жумушчулары.
Нарын суу канал ишканасынын жумушчулары.

Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө жашагандар таза суу болбогондуктан эки күндөн бери тиричилик да токтоп калганын айтып, ушу тапта калаанын четиндеги булактардан суу ташууга мажбур болуп жатышат.

Бул көрүнүш айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын түйшүккө салды. “Жок дегенде түнүндө суу беришсе, кийинки күнгө белендеп алмакпыз” деген Нарын шаарынын тургуну Асел Баялиеваны бешинчи кабаттагы батирине эки чака суу көтөрүп бараткан жеринен кепке тарттык.

- Эки күндөн бери суу жок, - деди ал. - Биз го машине менен башка жактан суу издеп алып келип жатабыз. Укпай калгандар же суу алып келгенге шарты жоктор кандай күн көрүп жатканын билбейм. Мисалы, биздин подъездде карыган апа жалгыз жашайт, ошону ойлоп санаам тынчыбай жатат. Сууну кайсы жактан ташып, кайсы дааратканага барып жатканын билбейм. "Ремонт иштеринен улам ушундай болуп жатат" дешти. Макул, күндүз оңдой беришсин, жок дегенде түн ичинде суу беришсе болгон чака-чайнегибизди толтуруп албайт белек! Мына, эки күндөн бери суу жок, белендеп алган суубуз түгөнүп, дааратканадан чыккан жыт үйдү каптап араң эле отурабыз.

Быйыл июнь айынын этегинде Нарын шаарынын калкынын дээрлик тең жарымын камсыз кылган таза суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, алар алмаштырыла баштаган.

Эмил Алымкулов.
Эмил Алымкулов.

Долбоордун иши 18 айга созулмак. Бирок Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов кыш башталганча элди суудан өксүтпөш үчүн иш дагы тездетиле турганын билдирди. Мэрдин айтымында, ушул тапта таза суу түтүктɵрүнүн 85 пайызы алмаштырылып, дагы 200 метрден ашык казылуучу жер калган.

- Нарын эли туура түшүнөт деген ойдобуз, - деди мэр. - “Жай бою мэрия эмне кылды, кыш башталганча жасап койбойбу?” дегендерге жообум: биз жай бою жөн эле жаткан жокпуз. Эки жарым чакырым жолдогу суу түтүктөрүн жана канализация түтүктөрүн алмаштырдык. Бул долбоор 18 айда, тагыраагы кийинки жылдын жаз мезгилинде бүтмөк. Бирок биз иштеп жаткандарды тез арада бүтүрүүнү суранып, "быйыл 25-ноябрда жумушту толук бүтүшүңөр керек" деп график түзгөнбүз. Бирок ага чейин дагы суук катуу болуп кетпесин деп, 10-ноябрга жылдырдык. Эми алдыда эки жумадай убактыбыз бар. Азыр 220 метрлик жердеги түтүктөрдү жаңыртуу калды.

Быйыл Нарын шаарына жылуулук 16-октябрда бериле баштаган. Бирок ушул тапта шаардагы беш мектепте жана эки бала бакчада жылуулук берүү токтотулган. Мындан сырткары, көп кабаттуу алты үйдө да жылуулук жок.

Таза суу түтүктөрү алмашылып жаткан учурда эскиси улам жарыла бергендиктен бул жайларда күн алыс суунун тартыштыгы да кыйнап жаткан кези. Алымкулов бул кырдаалды мектеп окуучуларынын күзгү каникулуна туштаганын, эгер ремонт иштери дагы созула турган болсо Билим берүү министрлигине балдарды дагы бир жумага таратуу өтүнүчү менен кайрыларын айтты:

- Бардык бала бакчалар жана мектептер көзөмөлдө. Кечээ эле директорлор, шаардык билим билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси менен чогулуш өткөрдүк. Биздин адистер имараттарды көзөмөлдөп турат. Суук күчөп кетсе бала бакчаларды тарата турабыз. Анткенге биздин укугубуз бар. Ал эми мектептердин күзгү каникулуна туштадык. Эгер кырдаал татаалдашып баратса, анда министрликке кайрылып каникулду узартып берүүсүн өтүнөбүз. Бирок 10-ноябрга чейин ишти толук бүтүргөнгө аракет кылабыз.

Нарын шаары.
Нарын шаары.

Нарын шаарындагы “Сууканал” ишканасынын жетекчиси Нурлан Максүталиев 70-80-жылдары союз убагында салынган суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиктен быйыл эле шаарда сексенден ашык авариялык абал жаралганын айтты:

- Ушул эле Шералиев көчөсүндө жайдан бери 18 жолу жарылуу болду. Бир түндө 5-6 авариялык абал келип чыгып, калыбына келтирип жатабыз. Бул жарылуулар долбоордун алкагында болгон жок. Долбоор канализация түтүгү менен суу түтүктөрүн салып эле баратат. Бардыгын бүткөндөн кийин сууну жаңы түтүктөргө кошуп, эскисин жаап салабыз. Ошондуктан бул иш бүткөнчө элди суу менен камсыз кылыш үчүн жарылган жерлерди күнү-түнү тикебизден тике туруп жамап гана баратабыз. Бул жаңы салынып жаткан суу түтүктөрүнүн кызмат кылуу мөөнөтү 80 жылга эсептелген.

Учурда суу түтүктөрү алмаштырылып жаткан жолдун узундугу 2,5 чакырымга жетет.

Бул иш өкмөт менен Европа реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын “Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында жүзɵгɵ ашууда.

Долбоордун жалпы наркы 25 миллион еврону түзɵт. Ал эми баштапкы инвестициясынын наркы 5,2 миллион еврого барабар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кайрылмандарга маалымат жетишпейт

Ооганстандагы Памир кыргыздары. Март, 2017-жыл.

Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен Ооганстандан келген кыркка жакын адамдын жарымы “жайкы эс алууга барып келебиз” деп үйлөрүнө кеткен боюнча Кыргызстанга кайтып келишкен эмес.

Кыргыз тарап жетиштүү көңүл бура алган жокпу же ооган өкмөтү чек арадан чыгарбай жатабы? Кыргызстанда “Кайрылман” программасы кандай иштеп жатат?

“Арай көз чарай” талкуусуна өкмөткө караштуу Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева жана памирлик кыргыз Атилла Гувен, жергеталдык кыргыз Абдувахап Курбанов катышты.

“Азаттык”: Самат мырза, 2017-жылы Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын жарымы жайкы каникулда үйлөрүнө кетишти эле, "кайра келишет" деген сөз болгон. Кайтып келиши кечеңдеп жатканынан улам коомчулукта ар кандай сөз чыгууда. Маселенин чоо-жайы эмнеде, алар келеби же келбейби?

Самат Токтоболотов: Мен быйыл июль айында экспедицияны баштап, Ооганстанга барчуларды жеткирип келгем. Биз туугандарга бул жактан жөнөп жатканда “Кыргызстанда мектепте окуу 1-сентябрда башталат, балдар окууга жетишпей калбасын, таштап эле кеткиле” деп айтканбыз. “Биз балдарыбызды таштап кете албайбыз, мал-жаныбыздан кабар алалы, туугандар менен учурашып келели” деп кетишкен. Өз ыктыяры менен кетишкен, өз каалоосу менен келишмек.

Биз кечээ жакында эле Улуу-Кичи Памирге гуманитардык жардам жеткирип келдик. Биздин мектептерде окуган балдар менен жолуктук, бир туугандарын көргөндөй аябай сүйүнүштү. “Жакында эле кышка даярдыкты бүтүрдүк, тоодон түштүк, эми Кыргызстанга кетүүгө даярбыз” дешти. Бирок Тажикстандан виза алууда бир аз маселе бар экенин айтышты.

Биз көп суроолор боюнча бизди коштоп жүргөн ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар "окууга бараткан балдарга жардам беребиз" деп калышты. Мына жакында эле маалымат алдык, виза ж.б. маселелер чечилип жатыптыр, 18 бала Кыргызстанга келет. Биз аларды тосуп алууга даярбыз. Өкмөт билим алууга умтулган балдарды окутууга басым коюп жатат. “Балдарды кармабай окууга жибергиле, Кыргызстан акысыз окутуп, таалим-тарбия берет” деп, акыркы жолу барганда туугандарга да айтып, түшүндүрүп келдик.

“Азаттык”: Жаркын айым, Памирден келген кыргыздарды биринчи кабыл алган Нарын облусунун жергиликтүү бийлиги болду. Бирок коомчулукта "аларды кабыл алып, убактылуу жайларга жайгаштырып эле койгону болбосо ооган кыргыздарынын келечегинен үмүт арттыра турган аракеттер жасалган жок" деп сындагандар болду, буга эмне дейсиз?

Жаркын Ибраева: Ар кандай пикирлер болду, бирок көпчүлүк маалыматтар туура эмес айтылып жатат. Биз туугандарыбызды тосуп алып, жайгаштырып, көндүрүп, дагы көп жумуштарды жасаганга үч ай кетти. Андан кийин өздөрү “биз үч айлап отура албайбыз, иштесек болот эле” дешти. “Колуңардан эмне келет?” деп сурасак “мал бакканды жакшы билебиз” дешти. Ар бир райондон өкүлдөр келип, жумуштарды, башка жардамды сунуш кылышты. Үч тараптуу келишимдердин негизинде каалагандары жер-жерлерге барып иштеп келишти, маяналарын алышты. Балдары болсо окууларын улантып жатышты.

Жай келгенде “туугандарды сагындык, Памирге барып келели” дешти, уруксат бердик. Калган туугандардын баары Нарын шаарында жашап жатышат, Кочкордо эки үй-бүлө бар эле, алар да кайра Нарынга көчүп келип кошулушту. “Кочкордогу кошуналарымды сагындым” деп бир апабыз кайра-кайра айтып отурат. Балдары бала бакчага, мектепке киришти, ата-энелери жумушта иштеп жатышат, курулушта иштегендери бар. Албетте, бөтөн жерге көнүш кыйын, ага убакыт керек экен.

Бир топ мезгил өттү, азыр биз аларга, алар бизге көнүп калды. Аларга кошумча каражат каралган, ижара акысы төлөнүп жатат. Биз алардын каалоо-тилектерин, сунуш-пикирлерин дайыма угуп турабыз. “Өзүбүзчө айыл болсок, жерибиз болсо, мал бакканга шарт болсо” деген ойлорун айтышат. Биздин да оюбуз ушундай. Эгер өкмөт ушул маселелерди чечсе, алардын каалоосу болсо, биз жардам берүүгө даярбыз. Жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр тарабынан "жардам беребиз" дегендер көп.

Ооган кыргыздары: оору апийимге байлайт

Ооган кыргыздары: оору апийимге байлайт

Ооганстандын бийик тоолуу, абасы суюк Памир чөлкөмүндө жашаган кыргыздар катуу ооруп калганда Түркияга келип, дарыланууга аракеттенишет.

“Азаттык”: Абдувахап мырза, Кыргызстанда “Кайрылман” программасы бар экенин жакшы билесиз, анын үзүрүн четтеги кыргыздар, анын ичинде тажикстандык кыргыздар сезип жатабы?

Абдувахап Курбанов: “Кайрылман” программасынын үзүрү жок деп айта албайм, көп иштер болуп жатат. Четтен келген кыргыздарга эмне жетишпейт? Эң ириде маалымат жетишпейт. Кыргызстанда кайрылмандарга карата кабыл алынган чечимдер, эреже, мыйзамдар тууралуу маалыматтар элге жетпей жатат.

Кыргызстандагы бийликтин таянычы – айыл өкмөттөрү, маселелердин баары ошол жерде чечилет. Четтен келген кыргыздар жайгашкан айылдарда керектүү маалыматтар ошол жерде болсо деген тилек. Кыргызстанда ишке аша турган көп программалар кабыл алынат, “Кайрылман” программасы ошолордун катарында турса, алардын аткарылышы айыл өкмөттөрүнөн да суралса жакшы болот эле. Кээде майда эле маселелер айылдын деңгээлинде чечилбей жаткандан кийин биздин көп улутташтарыбыз кайда кайрыларын билбей жүрө беришет.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

“Кайрылман” программасынын кайтарымы барбы? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:31 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Улуу баяндын башталышы

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан алынган жомоктордун жыйнагы.

Мен мунун канчалык деңгээлде чындыкка ылайык келер келбесин билбеймин, ар кимдерден уккам, анан Малик Осмоновдун эссесинен да окугам.

Ал дагы мага окшоп, бирөөлөрдөн уккандарынын негизинде жазса керек, анткени, анын улуу жазуучу жана ойчул менен өзгөчө жакын мамиледе болуп, сырдашып жүргөндүгү же анын өмүр жолун иликтеп, изилдегендиги жөнүндө кабарым жок.

Иши кылып, мунун кайдан чыккандыгы белгисиз болсо да маани-мазмуну окурмандарды аздыр-көптүр кызыктырат деген ойдо, аны ортого салууну чечтим.

Жазуучунун чоң энеси Айымкан аябагандай акылдуу, элдик каада- салттарды мыкты билген, айылдагылардын арасында кадыры абдан чоң нарктуу-барктуу инсан болгондугун Чыңгыз Айтматовдун жана анын бир туугандарынын эскерүүлөрүнөн билебиз.

Демейде сөзгө сараң, башка бирөөлөрдү оңой менен көбүртүп-жабыртып мактабаган жазуучубуз чоң энесине жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан жылуу сөзүн аяган эмес.

“Балалыгымдын башталыш курагын чоң энем Айымкандын жаркын элеси менен энчилеш эстейм, - деген ал “Балалыгым” деген китебинде. Ал киши башкача бир инсандык касиеттерге ээ болуу менен айылдагы зоболосу зор, акыл-парасаты тунук, кудай өзү ыроологон тубаса билимдүү адам эле... Кат-сабаты ачылбаса да, өзүнчө бир керемет сыйкыр акыл-эси болгон чоң энем элдик ырларды, кошокторду жана жомокторду аябагандай көп билчү”.

Мына ошол теги Аксынын Падыша-Ата деген кооз жеринен чыккан Айымкан эне элдик легендаларды, болмуштарды, жомокторду мыкты билүү менен гана эмес, аларды башкаларды кызыктыра айта да билгендиги менен айырмаланган жан болгон.

Ал дүйнөдөн кайткыча жаш Чыңгызды жайкысын өзү менен кошо жайлоого ала кетсе, ал жактан кайткандан кийин да кар түшкүчө небереси чоң энесинин колунда жүргөн.

Бийиктеги зоолордон улар үн салса, айлана-тегеректерден суурлар ышкырып, миң түркүн чөптөрдү аралай кекиликтердин, чымчыктардын балапандарын кууп, анан чарчап үйгө келгенде саамал кымыздан кере жутуп дегендей, жаш балдар үчүн жайлоонун керемети укмуш эмеспи.

Кеч киргенде желедеги кулундарды агытып, койлорду жуушатып, боз үйгө кирип жаздыкка баш койгондо Айымкан эне неберелерине дайыма кыраатын келтире жомок айтып берип, маңдай-тескейлердеги булактардын шаңында, сыртта кээде энтиге дем ала, кепшеп жаткан бодолордун, алыста кишинеген жылкылардын дабыштарында термелте уктатчу экен.

Башка неберелери Айымкан эне айткан жомокторду кандай кабыл алышкандарын билбейбиз, бирок жаш Чыңгыз тез эле айтылгандардын стихияларына сүңгүп, аларды кудум азыр болуп жаткандай, өзү аралашып жүргөндөй кабылдап, көз алдына элестетип, дайыма берилип уккандыгы менен айырмаланган.

Анын кийин Москвада жаңыдан мектепке барганда “Соловей Соловушка” деген кинону көрүп жатып, андагы кыздын сүйгөнүнө жетпей, башкага сатылып, көз жашын төккөн эпизодуна келгенде боздоп ыйлап жибергени, көчөдө баласы менен былчылдаша мушташып жаткан орусту көрүп, ыйлаган бойдон үйүн көздөй жүгүргөнү - анын жашында айланасындагы жаман-жакшы окуялардын бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алган сезимтал, кыялкеч, элестүү фантазиясы күчтүү болгондугун ырастайт.

Анын мындай сезимталдыгын, көркөм баяндарга болгон кызыгуусун алгач чоң энеси ойготкондугу шексиз. А.С. Пушкиндин жаш кезинен адабиятка кызыгуусунда тарбиячысы Арина Родионовнанын ролу чоң болсо, Чыңгыз Айтматовдун көркөм сөз өнөрүнө кызыгуусу ал наристе кезде чоң энеси айтып берген жомоктордон башталган. Анткени, үч-төрт жаштагы балдардын айлана-чөйрөдөгү көрүнүштөргө, жаңы нерселерге кызыгуусу аябагандай күчтүү болот, адамдын инсандык негизги сапаттары 4-10 жаштардын тегерегинде эле калыптанат.

Кайсыл бир окумуштуу айткандай, эгерде адамдын көрүнүштөрдүн, кубулуштардын себептерине, сырларына кызыгуусу 30-40 жаштарга чейин 3-4 жашындагыдай сакталса, анда андан сөзсүз гений чыгат.

Бирок, тилекке каршы, балдарда андай кызыгуулар алты-жети жашынан эле кайта баштайт, ага ата-энелердин кайдыгер мамилелери; наристелер бир нерселерди түшүндүрүп берүүнү сураса, аны көңүл коюп угуп, билгенинче жардамдашкандын ордуна, “башымды оорутпай ары ойногун, убактым жок” дегендей орой мамиле жасагандары да себеп болот.

Бул өңүттөн алганда Айымкан эне сейрек кездешүүчү тубаса тарбиячы, педагог да болгон экен.

Жаш Чыңгыз алгач кечинде гана жомок угуп жүрсө, бара-бара ал балдар менен ойногонун да таштап, чоң энесинен күндүз да жомок айтып берүүнү талап кыла баштайт.

Айымкан эненин билген жомоктору, уламыш, легендалары тез эле түгөнөт. Анан ал кошуналарына жүгүрүп барып, алардан бир нерселерди угуп, анан аларды небересине айтып бергенге өтөт. Анан кошуналары билген баяндар калбай калганда оюнан ар нерселерди чыгарып, эски жомоктордун бир нечесинен жаңы жомокторду кураштырып айта баштайт. Чоң энеси оюнан чыгарган жаңы жомокторду жаш Чыңгыз берилип укса, ар жомоктордон, баяндардан куралган чүргөмөйлөргө келгенде ал: - Сен буларды мурда айткансың, аларды билем,- деп жаңжал кылып жер тепкилеп ыйлайт. Аргасы кеткен Айымкан эне эми алыскы айылдарды кыдырып, уламыштарды, жомокторду билгендерди сураштырып, алардан уккандарын небересине айтып жүрөт.

Алыскы кошуналардан жомок билгендер калбаганда, Айымкан эне бир күнү казактардан жаңы жомокторду таап келүү үчүн Олуя-Атага жөнөйт. Ал - ал жактан жомок китептерди таап келип, аларды алгач бирөөгө окутуп угуп, анан аларды небересине айтып бергиси келсе керек.

Анын ал жакка эмнеге бараткандыгын уккандардын бири: - Ботом, Айымкандын бу эмнеси? Баланын айтканын аткара берген адам жинди болбойбу. Ушундай да болчу беле? Бала асмандагы айды деле алып бер дейт да. Андан көрө тал чыбык менен эсине келтирип койбойбу, - дешсе, экинчилери: - Жомок айтып бер деп эле ыйлай бергендигине караганда Айымкандын чоң мурун небересине бир нерсе тийсе керек. Тезирээк көздүү карактууга көрсөтпөйбү. Өтүшүп кетсе, өзүнө жаман болот. Аны-муну деп жүрө бербей молдого окутуш керек, - дегендей сөздөрдү айта башташат.

Айымкан эненин Олуя-Атадан кандай жомокторду таап келгендиги белгисиз, бирок андан кийинки окуяларга караганда ал жаңы таап келгендери менен жаш Чыңгыздын жомокко карата ынтызарлыгын андан бетер күчөтсө керек. Айымкан байбиче жомок менен ооруп калган небересин кантип айыктырарын билбей жүргөн күндөрдүн биринде кошуна айылдардын бириндеги Жолонбай дегендин үйүнө “баланча манасчы келиптир” дегенди угуп калат.

Совет бийлиги орногонго чейинки мезгилде манасчылар эл арасында жомокчулар деп да аталган. Ал бир жагынан; ар чоң манасчы эпостун негизин эле сактабаса, калгандарын өзү каалагандай, түшүнгөндөй чечмелеп, даремети жеткиче кошумчалай апырта сүрөттөп айткандыгынан болсо, экинчи жагынан; манасчылардын бардыгы “Манастан” башка да эпосторду, толгон-токой уламыштарды, легендаларды, болмуштарды да билишкен. “Манастан” чарчаганда аларды да айтып жүрүшкөн.

Иши кылып Айымкан эне небереси Чыңгызды жетелеп алып Жолонбайдын үйүнө барганда, ал жерде манасчы ары-бери обдула, колдорун эки жакка булгалай, Чоң Казатты күпүлдөтө айтып, үйдө шыкалып отургандар түгүл, сырттан тыңшагандардын да айрымдары шолоктоп ыйлап, айрымдары бирде отурса, бирде тура кала иреңдери кумсарып, тынчы кетип жаткан болот.

Айымкан эне аймактагы барктуу-нарктуу байбичелерден болгондуктан үйдө отургандардын бири тура калып, ага орун берет. Кичинекей Чыңгыз босогону аттагандан тартып, чоң энесинин этегине жабышкан бойдон, жыланга арбалган балапандай, төрдө эткел тоголок, кара чүйкүл беттеринен, жазы маңдайынан чыпылдаган терлери акканда, жанындагылардын бири жоолугу менен улам аарчыгандыгына, ыйлагандарга, кыйкыргандарга да кенедей көңүл бурбастан, өзү ээн талаадагы дөбөдө жалгыз отургандай күпүлдөп жаткан адамдан көзүн албай отуруп калат.

Адегенде ал чоочуркаса, бара-бара көздөрү жанып, беттери албырып, алп каракуш менен акылдуу бала жөнүндөгү баяндардай эле, улуу дастандагы окуяларды да жүрөгүнөн өткөрө, бериле тыңдай баштагандыгы байкалат.

Ошол күнү чоң эне менен небереси үйүнө кеч келишет. Жаш Чыңгыз жатарда адаттагысындай чоң энесинен жомок айтып берүүнү суранбай, тез эле мемиреп уктап калат. Эртеси, андан кийинки күндөрү да ошондой болгондон кийин Айымкан эне жомок издегендин түйшүгүнөн кутулгандыгын, небересин “Манас” дарылагандыгын түшүнөт.

Чындыгында эле жаш Чыңгыз Манастын оргуган стихиясына туш болгондон кийин ага чейинки уккандары өзү ойногондордой өтө эле майда көрүнүп, чыныгы чоң жомоктун мааниси, таасири кандай болорун түшүнүп, ага бир чети таң калса, экинчи жагынан суктанып, кыялында мен да ушундай жомокторду жаратсам дегенойлор пайда болуп, бирок интиутивдүү түрдө андай улуу жомокторду жаратуу өтө эле кыйын боло тургандыгын да аңдап, ички дүйнөсү бир күндө рухий жактан бир нече жылды басып өткөндөй төңкөрүшкө тете өзгөрүүгө учурап, мына ошондой карама каршы сезимдерден, ойлордон жоошуй түшсө керек.

Мүмкүн, интиутивдүү түрдө анын наристелик сезим-туюмдарында Манасты жараткан эли жөнүндө кийин өзү жаза турган Улуу баяндын жаңырыктары угулуп, жомоктордун ордуна аны ошол жаңырыктар термете баштагандыр...

Тынчтыкбек Бешкемпиров, журналист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Айтматов - акылман, ойчул, улуу адам

Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов менен жолугушууга мага насип болгон эмес экен. Мен азыр Чыңгыз агабыздын өмүр баянына, жашоо турмушуна токтолгум келди.

Балалыгы оор турмушта болуп, эмне деген кыйынчылыктарды башынан өткөргөн адамды азыр дүйнө эли даңазалап жатат.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов бир гана жазуучу эмес акылман, ойчул, даанышман адам болгон экен. Ал бардык нерсеге үстүртөн эмес, терең ой жүгүртүү менен караган. Муну биз анын ар бир чыгармасынан билсек болот.

Адам өзүн сыйласа, өзгөнү сыйлайт демекчи өзүнүн кылган эмгектерин биринчиден өзү баалап, ошонун үстүндө тынбай эмгектенип, дүйнөлүк масштабга алып чыккан.

Анын чыгармаларын кыргыз эли эле эмес, дүйнө эли кызыгып окуп жатат. Чыңгыз агабыз аркылуу кыргыз элинин маданияты дүйнө жүзүнүн тарыхынан орун алды. Анын эмгектери ушунчалык баалуу экендиги анын чыгармаларынын жогору бааланып ошонун негизинде канчалаган сыйлыктарга татыгандыгында болду.

Үй музейине барып, сыйлыктарынын ар бирине маани берүү менен таанышып көрдүм. Ар бир сыйлыгында канча эмгеги жатканын түшүндүм. Мен Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларына эмес, анын кандай адам болгону тууралуу өз оюмду айтууну туура көрдүм.

Биринчиден, бул жашоого келгенден кийин элге керектүү жана артыңан из калтыруу жолдорун издөө керек экен. Айталы, кесипти туура тандай билүү. Ошондой эле эмгегиңдин үстүнөн талыкпай иштөө.

Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармалары окурмандарды эмнеси менен өзүнө тарткан? Андагы окуялар турмуштан алынгандыктан, окуп жатканда кошо аралашып жан дүйнөң менен берилип, кайгырса кайгырып, сүйүнсө кубанасың.

Мен Чыңгыз Төрөкуловичтин жаркын элесине арнап чыгарма жазып, атын «Улуу адам» деп атадым. Чыңгыз агабыз чыгармалары менен гана эмес, эң жакшы сыпаттары менен да таанылды.

Мен ошол себептен агабызды улуу адамга теңегим келди. Биз улуу деп кимди айтабыз? Биз «Аллах улуу» деп даңазалайбыз.

Мен өзүмчө ой жүгүртүп көрүп, жаратканыбыз өзү сүйгөн кээ бир пенделерине өзүнүн сыпатын берет тура деген чечимге келдим. Анткени Чыңгыз агабызда адамдын баарында эле боло бербеген эң бийик сыпаттар болгон экен. «Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу» деген сөзү өзү эле баарын айгинелеп түшүндүрүп турат.

Ал эми бактылуулук дегенди кандайча түшүнсөк болот. Менин ой жүгүртүүмдө адамдын көзү өткөндөн кийин деле ал жөнүндө тынбай эскерип, даңазалап, эмгектери айтылып тургандын өзү бакыт. Чыңгыз агабыз ошондой инсан деп ойлойм. Азыр биз эле эмес, дүйнө эли Чыңгыз Төрөкуловичти эскерип жаткан убагы.

Мен быйыл 2018 жылы 1-майда биринчи неберелүү болдум. Небереме Чыңгыз агамдай, эмгеги менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан адам болсун деген тилек менен Чынгыз деген ысым ыйгардым.

Сөзүмдүн аягында айтарым, Чыңгыз Төрөкуловичтин төмөнкү сөзүнө кошумча оюмду жаздым. «Күн сайын адам болууга аракет кылып жашасаң бактылуулукка жетесиң».

Калган ойумду чыгармамда чагылдырганга аракет кылдым.

Ушул чыгармамды түрк тилине котортуп, «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комлексине жана Чыңгыз Төрөкулвич Айтматовдун үй-музейине тапшырдым.

Улуу адам

Алыс болуп, бийлик менен байлыктан,

Тазалыгы келбетине жарашкан.

Айкөлдүгү кем калышпай Манастан,

«Улуу адам» жаралыптыр Таластан.

Бактыбызга жанган тура бул инсан,

Жылдыз сымал, аалам жүзүн нурданткан.

Билинбеген калк элек биз, бир уучтам,

Кыргызымдын даңкы чыкты, Чыңгыздан.

Көзү өтсө да, мурас калган артында,

Жазгандары баасы чексиз алтын да.

Улутумдун улуулугун тааныткан,

Чыңгызыбыз атасындай баатыр да.

Суеркулов Таалайбек Калматович, Токтогул шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ: авариянын ачуу сабактары

Парламенттин отун-энергетика комитети Бишкек жылуулук электр берүү борборундагы былтыр кыштагы авариянын кесепеттерин жоюу жана анын себептерин аныктоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жылуулук борборун оңдоп-түздөөгө жана аны кышка даярдоого карата каржылоонун өлчөмү эки эсе көбөйтүлгөнүн билдирди.

Депутаттар былтыр курулбай калган химиялык блоктун курулушу жана имараттын чатырын жаап, жылуулоо иштерин көрүп чыгышты. Алар модернизациялоого кеткен ашыкча чыгымдарды эске салып, бул боюнча жүрүп жаткан аудиттин жана тергөөнүн жыйынтыктарына кызыгышты.

Өкмөт каржылоону көбөйттү

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр берүү борборун быйылкы кышка даярдоого өзгөчө маани берилип, былтыр кетирилген кемчиликтерди оңдоонун үстүнөн иштер жасалганын айтты.

Кубатбек Боронов Бишкек Жылуулук электр берүү борборун кышка даярдоонун жалпы абалы боюнча тиешелүү парламент комитетинин көчмө жыйынында маалымат берди:

- Бишкек шаарынын жылуулук электр берүү борборун каржылоонун көлөмү 322,2 миллион сомго көбөйүп, 730,5 миллион сомду түздү. Бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук электр берүү борборунда 10 буу казан агрегаты, эки кытай блогу жана жети турбоагрегаты кышка даярдалды. Ал 330 МВатт кубаттуулукту камсыздоого жөндөмдүү. Учурда беш буу казан агрегатында оңдоо иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын 1-октябрына карата Жылуулук берүү борборунун химиялык суу тазалоочу цехинин курулушу аяктап, ишке берилди.

Депутаттар ЖЭБдин кышка даярдыгын текшеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00



Депутаттар былтыр кышында айнектери жок, чатыры жабылбаган имараттан аяз кирип, буу казандары муздап, турбиналар менен жабдуулар тоңуп, иштен чыккан жагдайды эстешти. Ошондуктан алар биринчи кезекте андагы оңдоо жана жылуулоо иштери менен таанышып чыкты.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Парламенттин отун-энергетика комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев долбоордо каралып, бирок былтыр курулбай калган химиялык блоктун курулушу быйыл бүткөрүлгөнүн белгиледи:

- Химиялык цехтин курулбай калганы былтыркы авариядан кийин коомчулукта катуу талкуу болгон эле. Учурда биз цехтин курулушун көрдүк. Ал бүгүнкү күндө кадимки жумушчу режимде иштей баштаптыр. Биз былтыр көргөн эски имараттын үстүнүн ачыктыгы, айнек-терезелеринин жоктугу боюнча бир топ мүчүлүштүктөр эми жолго коюлуптур. Анткени былтыр ошонун айынан имараттын ичине суук кирип, жабдуулар тоңуп, иштен чыкканы белгилүү. Былтыркы кемчиликтерди жоюу боюнча иштер аткарылганын көрдүк. Жалпы оңдоо-түздөө жана жылуулоо иштери аягына чыгайын деп калыптыр. Бизге быйыл 1-декабрга чейин ал иштер толугу менен бүтө турганын айтышты.

Ошол эле кезде комитет мүчөлөрү Бишкек ЖЭБ модернизациялоо долбооруна 386 миллион доллар каралганы менен болгону эмнеге анын 30 пайызы гана оңдоодон өткөнүнө кызыгышты. Башында техникалык-экономикалык негиздемеси жок туруп, курулушту баштоонун түпкү себебин айрым комитет мүчөлөрү коррупциялык тобокелчиликтер менен байланыштырышты.

Парламент депутаты Абдыкапар Султанов кеткен чыгымдардын негиздемеси тууралуу буларды айтты:

- 164 миллион долларга жабдуулар алып келинген экен. Ага монтаждоо иштерин кошкондо ошолордун чыгымы эле 210 миллион долларга чыгып кетиптир. Кайсы жерде ушундай болушу мүмкүн? Жумушчуларды ташууга эле 18 миллион доллар кеткен. Административдик чыгымдарга 19 миллион доллар коротулган. Жабдуулардын демонтажына деп 35 миллион доллар чыгымдалыптыр. Бул деген 2 миллиард сомдон ашуун акча. Жабдууларды чыгарып алып, бузганга эле ушунча акча кетти десе ким ишенет? Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси туура эмес жүргөн.

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов модернизациялоо долбооруна кеткен чыгымдарды эсептеп чыгуу иштери аягына чыга электигин билдирди. Анын айтымында, учурда 386 миллион доллар насыя жана 20 миллион доллар кайтарымсыз грант боюнча көлөмдүү аудит иштери жүрүп жатат:

- Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, 386 миллион доллар боюнча аудит иштери жүрүп жатат. Чындыгында абдан көлөмдүү долбоор. Аудит иштери бүткөндөн кийин анын жыйынтыгы менен парламентти тааныштырабыз. Мындан сырткары 386 миллион доллардан сырткары 20 миллион доллар кайтарымсыз гранттын пайдаланылышы боюнча дагы текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын каякка жумшалган багыттары боюнча дагы текшерүү улантылууда.

Эки иш сотко өттү

Ал эми башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбиев бул долбоор боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын айтты.

Нурлан Дүйшөнбиев аталган тергөө иштердин алды аягына чыгып, сотко өткөрүлүп жатканын билдирди:

- Контракттык келишим боюнча келген 386 миллион доллар боюнча текшерүү иштери жүрүп, бир катар кылмыш иштери козголгон. Азыркы мезгилде ошол иштердин арасынан четинен тергөө иштери аяктап, айрымдарын соттук кароого жөнөтүп жатабыз. Тендердин жоболору бузулган жагдайлар боюнча да кылмыш иши козголгон. Ошол боюнча дагы тергөө жүрүп жатат. Азыркы учурда эки кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Бишкек ЖЭБ жетекчилиги быйыл кышында былтыркыдай авария кайталанбайт деп ишендирди. Каржылоону көбөйтүүнүн эсебинен имараттын чатыры жабылып, айнектерин коюп, жылуулоого эле 78 миллион сарпталганы белгиленди.

Былтыр 26-январда Бишкек жылуулук берүү борборунда авария болуп, беш күнгө чукул баш калаа жылуулуксуз калган эле. Модернизациялоо долбооруна байланыштуу бир катар кылмыш иштери козголуп, анын натыйжасында мурдагы эки премьер-министр баш болгон ондогон жогорку кызмат адамдары камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Адамда каршылашкан эки күч бар

Чыңгыз Айтматов Брюсселде журналисттер менен.

Адам үчүн эң кыйын нерсе - бул ар күнү адам болуу.

Биз адамдар өзүбүзгө көнүмүш болгон көп нерселерди элес албай жүрө беребиз. Күндүн чыгышы менен батышы күнүмдүк табигый көрүнүш катары көрүнгөндөй эле, коомубузда калыптанган түшүнүктөр, өзүбүздүн аң-сезимдерибиз ар дайым эле ушундай болуп келген кадыресе көрүнүш катары кабыл алынат.

Бирок чындыгында андай эмес. Убакыт өткөн сайын бардык нерсе өзгөрөт. Байыркы Грециянын улуу ойчулу Гераклит айткандай: - «Баары агат, баары өзгөрөт».

Мындан миң жылдар мурун коомдо башка түшүнүктөр орун алып келген. Миллиондогон жылдар илгери адамдар кадимки жырткыч жаныбарлардын күнүн көргөн. Же сен бирөөнү жешиң керек, же сени бирөө жеп коёт. Жашоону улантып кетиш үчүн бардык жандыктар акырындык менен өздөрүн өзгөртүп айлана-чөйрөгө, жер, аба, суу шарттарына, жеп ичкен тамак-ашына ылайыкташа беришкен.

Анын (өзгөртүүлөрдүн) кыймылдаткыч күчү болуп табигый иргөөгө кызмат кылган. Ылайыкташа алгандары жашоосун, тукумун улантып кеткен. Ылайыкташа албагандары жок болгон.

Миллион жыл мурда приматтардын бир түрү өзүнүн аң-сезимин, чөйрө таануусун, коммуникациясын (тилин) өзгөртүп homo sapiens (акыл-эстүү адам) кадам таштайт.

Ошондо алардын өзгөчөлүгү, өздөрүн өзгөрткөнгө караганда айлана-чөйрөнү өзгөртүү жеңил боло баштагандыгы болгон. Ушундан баштап табигий иргөө солгундап, анын аркасынан алардын биологиялык эволюциясы да басандай баштайт. Ошол процесстин аягы азыркы адамзаттын калыптануусуна алып келди.

Буга бир кичине мисал. Бир убакта адамдар төрт аяктан көтөрүлүп эки арткы буту менен баса баштайт. Акыл-эстин өнүгүп кетишине, азыркы адамзаттын калыптануусуна мунун зор таасири болгон.

Ошол эле учурда адамдын ички органдары жаңы абалына ылайыкташа албай калганы үчүн айрым бир айбандарда жок оорулар адам үчүн көнүмүш болуп калды (радикулит, венанын варикозу, гипертония, простатит, грыжа, геморрой ж.б.д.у.с)

Ал эми эмне үчүн адам үчүн күн сайын адам болуу кыйын? Анткени адамдын ичинде каршылашкан эки күч бар.

Биринчиси - бул анын генетикасына жазылып калган жана биологиялык эволюциянын токтоп калуусунун кесепетинен андан аркы адамдык генетикага өзгөрө албай калган айбандык (жырткычтык) инстинктер.

Булар адам төрөлгөн сайын аны менен кошо төрөлүп адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Экинчиси - бул адам төрөлгөндөн кийин тарбия жолу, үйрөтүү жолу менен кана пайда боло турган түшүнүктөр, адамгерчилик сапаттар.

Эгерде адамдын тарбиясында же алган билиминде кандайдыр бир мүчүлүштүк болуп калса аны туура эмес алган тарбиясы же айбандык инстинкти толтуруп турат.

Ошон үчүн адам күн сайын өзү менен өзү, тагыраак айтканда өзүнүн табигый инстинкти менен өзүнүн адамгерчилиги үчүн күрөшүп турат. Албетте табигый инстинктин баары эле адамга зыян эмес. Кеп алардын бир айрымдары, «жырткычтыктары» жөнүндө болуп жатат.

Айбанга айбан болуунун эч кыйынчылыгы жок. Анткени ал өзүнүн инстинкти менен күрөшпөйт. Тескерисинче анын инстинкти ага жашап кетүүсүнө жардам берет. Ал эми адам үчүн адам болуу - кыйын.

Мына ошону үчүн заманыбыздын улуу ойчулу Чынгыз Айтматов «Адам үчүн эң кыйын нерсе бул күн сайын адам болуу» деп айткан.

Алымбай Өкүнов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ВИЧ илдеттүү адамдын нааразылыгы

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ВИЧ жуктуруп алган 38 жаштагы тургун "илдетим тууралуу коомчулукка жарыялап жиберишти" деп эл аралык уюмдарга нааразы болуп жатат.

Ал "Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) алкагында тартылган видео Интернетке чыгып кеткенин", мунун айынан дос-тааныштарынын мамилеси өзгөргөнүн айтып "Азаттыкка" кайрылды. Бирок аталган уюм окуяга тиешеси жок экенин билдирип, түшүнбөстүк болуп жатканын, тасманы казакстандык журналист тартып, жайылтып жибергенин маалымдады.

"Мени видеого тартып, сырымды башкаларга айтып салышты" деп БУУнун Өнүктүрүү программасынын кызматкерлерин күнөөлөп жүргөн жаран аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону өтүндү. Ал ВИЧ илдетин жуктуруп алганына бир топ жыл болгонун айтты. Өзү Ысык-Көлдөн, учурда Бишкекте 13 жаштагы уулу менен жашайт. Жубайы менен ажырашкан. Окуянын чоо-жайын мындайча түшүндүрүп берди:

- 2014-жылдын жайында өздөрүн "ПРООНдун кызматкерлерибиз" деп тааныштырган кишилер келип, казакстандык журналисттин суроолоруна жооп берип коюшубузду суранышкан. "Бизден жардам алып жүрөсүңөр, тартылып бергиле" деген. Оорулуу кишилерге мамиле кандай экени, дары-дармектер тууралуу суроолор болгон. Мени ижарада жашап жаткан бир бөлмөлүү үйүмдө тартышкан. Дубалда баламдын сүрөтү бар болчу, аны да тартып алышкан экен. Анан видеону "Ютубга" чыгарып коюшкан экен. Өзүм билген эмесмин, быйыл жайында билдим. Аны мага баламдын классташынын апасы жөнөттү. Анан башка бир досум да жөнөттү. Айылдаштарым көрүптүр. Мен жөнүндө сөз тарап, мага тааныштарымдын мамилеси өзгөрдү. Баламдын досторунун ата-энелери перзенттерине айтканбы, билбейм, балама эч ким кошулбай калыптыр. Видеого тартканы эки кыз, бир жигит келишкен. Бирөө чет элдик болчу. Алар "видео коомчулукка көрсөтүлбөйт, отчет үчүн гана керек" деп айтышкан. Мен аларга ишенгенмин, эч кандай жазуу жүзүндө макулдашуу болгон эмес.

Интернетте бул видео өчүрүлгөн. Жигит өзү өкмөттүк эмес уюмда иштеп, эл аралык уюмдар менен кызматташып жүргөндүктөн, тасма тууралуу кабардар болору менен быйыл 21-июнда БУУнун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кеңсесине кайрылган. Уюмдун Бишкектеги туруктуу өкүлү Озоннио Ожиело ага 3-октябрда жооп берип, колу коюлган кат жиберген. Жигит "Азаттыкка" көрсөткөн ал катта "видео казакстандык Айгүл Базарова аттуу журналисттин иши экени, БУУнун Өнүктүрүү программасынын кызматкерлери 26-июнда автор менен байланышып, тасманы өчүрткөнү" белгиленет. Расмий жоопто айтылгандай, Базарова бул видеону 2014-жылы Германиянын "Дойче велле" компаниясынын колдоосунда Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) академиясында окуп жүргөндө тарткан.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Азаттык" радиосуна берген жообу төмөнкүдөй болду:

- Биздин уюм ишке ашырып жаткан бардык долбоорлорунда жана программаларында адам укуктарын, анын арасында ВИЧ менен жашаган кишилердин укуктарын сактоого жана жайылтууга артыкчылык берет. Мазактоого жана дискриминацияга каршы иш-чаралардын алкагында адамдардын укуктарын сактоого басып жасап, алардын сырын ачыкка чыгарбайт. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандагы ишмердигинин алкагында өнөктөштөргө же максаттуу топторго зыян келтире турган материалдарды чыгарган эмес жана чыгарбайт. Башкаларды да адам укуктары багытындагы ишмердигинде укуктарды сактоого чакырат.

"Азаттык" ЕККУнун академиясы менен да байланышып, видеонун чоо-жайын сурады. Бул эл аралык мекеменин кызматкерлери Айгүл Базарова аттуу казакстандык журналист академияда 2014-жылы окуганын бышыктады. Бирок видео тартып, аны Интернетке жайылтканынан академия кабарсыз экенин, бул окуя жакшылап текшерилерин билдиришти. Аты аталып жаткан журналист менен азырынча байланышууга мүмкүн боло элек.

"Биздин академияда журналистика багытында тренингге катышкандарга журналистиканын эрежелери үйрөтүлүп, адамдын кадыр-баркына шек келтирбөө жаатындагы кеп-кеңештер берилет. Бул маселеде видеону тартып, тараткан журналист жооп берүүгө тийиш. Анткени, академия адамдын кадыр-баркына доо кетирген тасманы таратууга жол бермек эмес",- деп айтылат окуу жайы берген жоопто.

Эгер сизден ВИЧ табылса...

Эгер сизден ВИЧ табылса...

Кыргызстан ВИЧтин жайылуусу салыштырмалуу төмөн деңгээлде болгон өлкө бойдон кала берүүдө.

Ал арадаа видеого тартылган жаран БУУнун Өнүктүрүү программасына каршы сотко кайрылып, моралдык чыгым өндүрүүгө камынып жатат. Бул уюм видеого тиешеси жок экенин айтканы менен адвокаты Бакытбек Автандил уулу "жетиштүү күбөлөр бар" деди.

- Жарандык кодекстин 19-беренеси "Өз сүрөтүнө болгон укук" деп аталат. Кишини видео же сүрөткө тартып жаткан тарап жазуу түрүндө уруксат алышы керек болчу. Бул жигит алардын айтканына макул болуп, ишенип, суроолоруна жооп берип жатат. Бирок алар видеону таратпоого кепилдик берген макулдашуу сунуш кылган эмес. Анын айынан бул жигит гана эмес, баласы да жабыркап жатат. Бул видеону тартууга БУУнун Өнүктүрүү программасынын тиешеси бар экенин тастыктаган күбөлөр бар. Видео башка киши тарабынан жарыяланганы менен тасманы тартууда уюмдун аты аталып жатат.

Эл аралык эрежеге ылайык, аялуу топтун өкүлдөрү тууралуу баян жасаган журналист каарманынын аты-жөнүн жашыруун сакташы керек. Өзү жазуу түрүндө макулдук бергенде гана коомчулукка көрсөтө алат. Бул эреже адамдын кадыр-баркына доо кетирбөө жана кесиптик этиканы сактоо болуп саналат.

Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 киши, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Адистер бул сан расмий эмес эсепте эки эсе көп болушу ыктымал экенин айтышат. Дарт менен каттоого алынгандардын арасынан 1873 адам көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин тизмесине кирет. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чын дүйнө кеткен Чыкеме!

Чыңгыз Айтматов.

Реквием – поэма

Пролог

Укканыма ишене албай турамын

Чала укту бейм, саал катуураак кулагым.

Улам такып келет элден сурагым:

- Адам уулу канткенде адам болот – деп

Толгоо тарткан жай албастан күн-түнү

Токтодубу залкар жүрөк түрсүлү?

Жерге сыйбай аалам кезип жүгүрчү

Аргымактын арыдыбы дүбүртү?

I

Эсил кайран Чыкем ай!

Өзүң менен кошо кулап

Кыргызыңдын рух тоосу болду сай!

Жан дүйнөңдү өңүрүнө

Жайып салып сырдашчы,

Жер-энеңдин этегине оронуп

Алдың Чыке акыреттен жаннат жай.

Айла канча кала бердик,

Бата тартып чурулдай,

«Жар болосун, - деп – бир Кудай».

Чыке! Ааламды аласалдырып ийсе да каарыбыз,

Ай үстүнө курулуп жатса да шаарыбыз,

Асман чапчып турсак да бир даарыбыз,

Ажал алдында бечара пенде экенбиз баарыбыз.

Сизди ажалдан арачалап калмак тургай,

Аксылык агайындарыбыз айткандай,

Азрайилдин погуна куурай сайууга да,

Келбейт экен алыбыз.

Кечир Чыке! Өтөлбөгөн калса бизде өмүрүң

Кайт болуп ооруп кетсе көңүлүң.

Кантели, акыреттин аласасы келгенде,

Колубуздан келбейт экен эч нерсе,

Жапкандан башка үстүңө,

Сүйлөшөргө ɵзүң, жок,

Үнсүз сыздап, ыйлап турган,

Жер-Энеңдин өңүрүн.

Чыке! Кара шаар чын жайга,

Капкасын кара чым баскан.

Чын адамзат бүт жаткан,

Чыңыртып баарын оп тарткан

Капилет неге шаштыңыз?!

Торколуу кутман тоюңа,

Камынып калкың жатканда,

Кадырлуу сыйын тартарда,

Арналуу сөзүн айтарда,

Кайыпка неге качтыңыз?!

Же, эгини өспөй суйсалган,

Кеберсип эрди суусаган,

Керимсел кактап кумсарган,

Кайракы калган жериңди,

Төрт түлүк мал жок шыкалган,

Бош калган жайлоо-төрүңдү,

Үзөңгү-Кууш, Каркыра,

Четинен улам кертилип,

Сатылып жаткан Көлүңдү

Көргөндө көөнүң чөктүбү?

Же, Эгемендик алгандан,

Эш тутуп жүргөн Электр,

Өзүнөн-өзү азайып,

Эки-үч маал өчүп кашайып,

Каран түн каптап үйлөрүн,

Эси кеткен элиңиз,

Караңгы үйдө дүбүрөп,

Күнү-түнү күбүрөп,

Токтогулда тосулган,

Тосмонун суусун эсептеп,

Качан соолуп кетет деп,

Кайдан терем тезек деп,

Элеңдеген элиңди,

Көргөндө ичтен сызылып,

Тарылып дүйнөң кысылып.

Сар-санаа басып мыжылып.

Эртеңин ойлоп элиңдин,

Кабатыр кайгың аштыбы?!

Арамза, кытмыр жылмайган,

Кызыгын көздөп өзүнүн,

Кыянат кыйкым тор жайган,

Адамдарды көргөндө,

Кара курсак айынан,

Кара жанын карч урган,

Жарандарды көргөндө,

Ооматы качып сурданган,

Замандарды көргөндө,

Опол-тоодой ой каткан,

Жанда жок аяр жүрөгүң,

Жарааттын оозун ачтыбы,

Жаннатты көздөй шаштыбы?!

Элүү жыл айткан мурасын,

Эске албай турса өз элиң,

Анан кандай кыласың?!

Же, күтө албай болгон байлыгын,

Чачканын көрүп калкыңдын,

Эгерим тойбос араанын,

Ачканын көрүп калкыңдын,

Түлкүдөй жойлоп жойпулук,

Дүркүрөп өсүп сойкулук.

Эки жүздүү саткындык

Кошоматтык жазгындык

Алдамчылык, аксымдык

Басканын көрүп калкыңды

Түпөйүл кылып түтөгөн

Түгөнгүс кайгы бастыбы?

Он эки мүчөң омкоруп,

Онтотуп бирден чачтыбы?

Түтөгөн түктүү кайгыңа,

Түктүү жер түтпөй шаштыбы?

Сыздатпай аздек жаныңды,

Сүйлөшчү жалгыз сен менен,

Сырдашың ыйык Жер-Энең,

Боздоп ыйлап аргасыз,

Бооруна алып каттыбы?!

Чыке! Дүйнөгө турчу көрүнүп,

Калдайган кайран карааның,

Капырай, калпактай бир чым жаптыбы?!

Ааламдан ашкан ой баткан,

Даанышман асыл башыңды,

Алты кочуш ак турпак,

Арадан бөлүп бастыбы?!

Кыйналып жатып канча күн,

Кыргызыңа кылчактап,

Кыйбай Чыке кеттиңби?

Маңдайга бүткөн кут элең,

Сыйбай Чыке кеттиңби?

Кош Чыке! Чын жайга кеттиң кайрылбас,

Бейишин берсин Теңирим,

Чым астында жатса да,

Сиздин кайран алтын баш,

Кылымдарга Кыргыз – Чыңгыз,

Бири-биринен айрылбас!

II

Өлбөстүккө жол тартышкан турнадай,

Китебиңдин беттеринде тизилип,

Адамзатка жол көрсөтүп жаркырай,

Калды асыл ойлоруң, шоола чачып ааламга,

Түбөлүккө Саманчынын жолундай.

Анан дагы калды арада арман болуп,

Элиңиздин айтар сөзү,

Көзүңүзгө айтылбай,

Тартар сыйы алдыңызга тартылбай,

Өзөк өрттөр арман болуп, аттиң ай!

Чыке! Айта берсе арман көп дегендей,

Айтылбай калган армандын бирин-экисин,

Арбагыңызга айтып койолу.

Кудайым өзү кечирсин?

Алп талантың жата албастан катылып,

Алгач ирет чыкканыңда «атылып»,

Кайран кыргыз ит оорусун карматып,

Чыгармаңды туш тараптан талдашып.

Аткаминер «акылгөйлөр» асылып,

«Кыйын чыкма» кырчаңгылар кашынып

Бир далайга жүрүштү го жармашып.

Чыке! Болот беле ошондо,

Эки айылдын иттериндей,

Арсылдатып асылтпастан аларды,

«Эй, койгула!» - деп,

Бир заңк этсе Кыргыз Эл!

Жок, антпедик, жашай бердик кайдыгер.

Анан дагы жанагы жарыбаган

«Каттамачы» өз иниңиз Жаныбек Жанызак,

Жок жерден эле жан сабап,

«Айтматовдун айымдары» - деп,

Сиз жөнүндө жазып чыкты махабат.

Жетпей жаткансып ага «Каттамасындагы»

Кабатталган калың махабат.

Элди билбейм, эстегенде

Эмдигиче менин бетим кызарат.

Түшүнбөйм, бул кыргыздар кызыталак

Бирөөнүн махабатын неге кызганат?

Ушундай элдин уучу кантип узарат?

Кыргыз деги болуп барат кандай эл?

Ойлогондо жүрүп кетет ичтен сел.

Чыке! Буудан элең арыш керген ааламга

Коштой чаап кубаттап, сүрөй алдыкпы?!

Талантың талып, калемиң мокоп турганда,

Шыктандырып курчутуп, бүлөй алдыкпы?!

Жок Чыке! Сен өзүңдү өзүң сүрөдүң,

Арышыңды ааламдын алкагынан,

Аша чаба үрөдүң.

Акыры, өзү сыйбай кетти ааламга,

Ааламды өзүнө сыйдырган жүрөгүң,

Эми сизди Манаска тете деп жатабыз.

Балким бул сөзүбүздө жоктур катабыз

Бирок чет жерлерге барганыңызда,

Абройуңузду арттырып,

Кырк эмес, төрт чоро коштой бардыкпы?

Алып жүрдүңүз дүйнө элинин сыйлыктарын,

Ошол сыйлыктардын даңазасын арттырып,

Дүңгүрөтө тойлой алдыкпы?

Көр пенделиктен көтөрүлүп өйдөрөөк,

Кылымдарда бир жараар жан экениңди,

Түшүнүп, ойлой алдыкпы?..

Жок Чыке! Сөз чынынан бузулбайт

Көзүңүз барда,

Даанышмандыгыңызды баалай албадык,

Бирибиз кааласак,

Бирибиз каалай албадык.

Өз элинде пайгамбардын

Баркы жок дегендей

Сизди башка элдердей

Барктай албадык өзүбүз.

Ауэзов менен Арагондой

Даңктай албадык өзүбүз.

Адамзаттын руханий азыгына айланган

Койчубуз койнуна катып

Жылкычыбыз канжыгага байланган

Китептериңизди көрүп туруп көзүбүз.

Кыргызбыз да, ооздун желин аядык

Убагында угузулбай өзүңө

Урмат-алкыш сөзүбүз.

Ойго келет суроолуу бир өкүнүч.

Качан болсун таланттардын баа-баркын

Көзү өткөндө билебиз биз кечирээк.

Учурунда баалаш үчүн аларды

Же керекпи таланттардын

Көз жумушу тезирээк?

Чыке! Дүбүртүңүз кылымдардын кыйырына

Угулуп турарына жок күмөнүбүз.

Кантсек да мезгил менен агылып

Акырындап алыстаар дүбүртүңүздү

Улап кетер дагы бир тулпар туяк

Чыкса экен деп кыргыздан

Эми үмүттөнө кулак түрөлү биз.

Каранарың көтөрө алгыс

Кыргызыңа жасап кеткен эмгегиң

Билип жатат эми элиң.

Тирүүңдө айтпай көзүңө

Эми акыбетин актайбыз

Карызбыз деп жатабыз өзүңө.

Бирок да, барсеткасын колуна илип,

Кара кайыш тонун кийип,

Иномарка жоргосун минип,

Көчөлөрдө көйрөңдөнө бастырган,

Атасы өлүп атса,

Эч капарсыз каткырган.

Азыр эле айткан сөзүнөн айнып,

Каранарча артын көздөй «чаптырган»,

Жабыла маңкурт болуп бараткан кыргыз,

Турар бекер сөзүнө?..

Чыке! Азыркы кыргыздардын биримин,

Өтө жогорку болсо да билими,

Өздөштүрө албай жүргөн өз тилин.

Оюмду мен сылык-сыпаа,

Айта албадым секирин,

Айрым аша чапкан сөздөр кетсе,

Арбагыңыздан сурайм кечирим.

Эпилог

О, Жараткан,

Чыкебизди жөн адамга окшотпо,

Минип алып кораблге «Восходго»,

Чыгып кеткен өлбөс болуп Космоско,

Ааламдагы анын жолун токтотпо?!

Совхозбек Шабралиев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG