Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 12:29

Кыргызстан

Депутат Интернетти мониторинг кылууну сунуштады

КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңеште Интернетти мониторинг кылчу орган түзүү тууралуу демилге көтөрүлдү. Депутаттар айрым өлкөлөрдөгү тажрыйбаны эске алуу менен маалымат айдыңын көзөмөлгө алып, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл деп эсептешет. Парламентте бул өңдүү демилгелер маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт. Интернетти көзөмөлдөө деген эмне жана Кыргызстандын шартында аны ишке ашыруу мүмкүнбү?

Маалыматтык мейкиндикке көз салуу боюнча кезектеги демилге парламенттин күн тартибинде жок болчу. Депутаттар "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулап, Интернетте алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого чектөө киргизүү жөнүндө сунуш каралып жаткан эле.

Талкуу учурунда депутаттарды ичимдикти жарнамалоонун чектөөдөн да интернет-ресурстардагы маалыматтардын көзөмөлсүз таратылып жатканы тынчсыздандырды. Маселен, парламенттин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда маалымат мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү сунуш кылды.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун депутат иниси башка өлкөлөрдө Интернет көзөмөлдөнөөрүн мисал кылып, мындай аракеттер Кыргызстанда да болушу керек деген пикирин билдирди:

Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

- АКШ менен Улуу Британияда маалымат мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп турат. Социалдык тармактардагы посттор үчүн иш жүзүндө жаза караштырган мыйзамдар бар. Анонимдүү пост жаза албайсың. Муну Казакстан да киргизип жатат. Мындан коркпой, биздин мамлекет да аракет кылышы керек. Маалымат, Интернет мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп турушу керек. Бүгүн "муну ким кылат" деген суроого жооп бере албай жатышат. Себеби, өкмөттө мындай орган жок.

Асылбек Жээнбеков Интернетте жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл экенин кошумчалады. Мындай демилгени башка депутаттар да кубаттап, Дүйнөлүк желеде ар кандай чагымчыл маалыматтар тарап жатканын жүйө келтиришти.

Негизги кыргыз парламентинде Интернетти көзөмөлгө алуу боюнча демилгелер маал-маалы менен көтөрүлө калып жүрөт. Буга чейин бийликчил КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов да социалдык тармактарды жөнгө салган мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылган. Кийин бул демилгеге сын-пикирлер айтылган соң коомчулук туура эмес түшүнүп калганын айткан. Ошондой эле демилге дагы бир социал-демократ Дастан Бекешовдун социалдык тармактарга жазган пикирди төгүндөөнүн жол-жобосун аныктаган мыйзам долбоору талкууга түшүп жаткан учурга туш келди.

Ошондуктан "Интернетти мониторинг кылуу деген эмне жана Кыргызстандын шартында аны ишке ашыруу канчалык реалдуу?" деген суроо пайда болду. Бул суроого эксперттер саясий жана техникалык өңүттөн караш керек деп эсептешет.

Бишкектеги жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азиз Абакиров бийлик органдары Интернетти тескөө боюнча мыйзам иштеп чыгып, саясий чечим кабыл алган күндө да техникалык жактан аны ишке ашыруу кыйын болорун билдирди:

Азиз Абакиров.
Азиз Абакиров.

- Интернетти көзөмөлдөөгө күчүбүз жетпейт. Интернетти образдуу айтсак, ал океан. Океанды токтотобуз, көзөмөлдөйбүз деген туура эмес. Биз сыяктуу чакан мамлекеттер анын мүмкүнчүлүгүн колдонуп, өз пайдабызга иштетишибиз керек. Жогорку Кеңеште Интернетти көзөмөлдөө боюнча аракеттер дайыма болуп келген. Интернетти технологиялык өңүттөн эмес, саясий жактан караганда бул башкача ой жүгүрткөндөр менен күрөш катары кабыл алынып калышы мүмкүн.

Эл аралык тажрыйбада Интернетти көзөмөлгө алуу практикасын "Интернетти балкандаштыруу" деп коюшат. Дүйнөлүк желени ар бир өлкө өз деңгээлиндеги мыйзамдар аркылуу бөлүп тескөө аракети ушинтип аталат. 1990-жылдардагы Балкан өлкөлөрүнүн бөлүнүшүнөн улам "балкандаштыруу" деген сөз колдонулуп калган.

Бул багытта Кытай, Иран жана Орусия сыяктуу өлкөлөр мыйзамдарды иштеп чыгып, чектөө киргизишкен. Бирок акыркы жылдардагы киберчабуулдардан улам Европа өлкөлөрүндө маалыматтык коопсуздукка көңүл бурулуп жатат.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев маалыматтык коопсуздук менен сөз эркиндигин чаташтыруу туура эмес деген пикирде:

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

- Анонимдүүлүк, Интернеттеги жарандардын коопсуздугу деген маселелер кулакка жакшы угулушу мүмкүн. Бирок бул демилгелердин артында сөз эркиндигин чектөө ниети жатканын билебиз. Себеби, дал ушул тармактарда бийликтин дарегине сын айтылган, маалымат ачыкка чыккан учурлар арбын.

Кыргызстанда маалымат мейкиндигин тескөө боюнча бир нече орган бар. Атап айтсак, кыргыз өкмөтүндө маалымат саясатын Маданият жана маалымат министрлиги жүргүзөт. Өкмөткө караштуу Маалымат технологиялары боюнча комитет электрондук маалымат каражаттарына жыштыктар үчүн лицензия берет. Ошондой эле маалымат коопсуздугу жаатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да иш алып барат.

Кыргызстанда социалдык түйүндөр жалпыга маалымдоо каражаты деп таанылган эмес. Ошондуктан көп адистер анда жазылгандарды массалык маалымат булагы катары эсептөө туура эмес экенин айтышат. Бирок ага карабай акыркы жылдары социалдык түйүндөргө жазылган пикирден улам соттошкондор болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сүйүүдөн чыккан сүрөттөр

14-февраль - Махабат күнүн Бишкектин жаштары да белгилеп жатышат. Бул күнү кафе-ресторандар жыкжыйма, гүл жана жумшак оюнчуктарды саткан дүкөндөрдүн соодасы кызыды.

Журналист "күбөдөн" "айыпталуучуга" айланды

Элнура Алканова. Сүрөт журналисттин "Facebook" социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды.

13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат журналист Элнура Алкановага "коммерциялык сыр камтылган маалыматты мыйзамсыз алып жарыялаган" деп кылмыш ишин козгоп, айыбын угузду. Журналист тагылган айыпты четке кагып, муну саясий буйрутма катары баалады.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгон жана 2010-жылдан кийин улутташтырылган. Коомчулукта коттеждер арзан сатылганы айтылып, бул маселе жада калса Жогорку Кеңеште да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Бул фактылар боюнча журналист Элнура Алканова “Фергана.ру” маалымат порталы үчүн иликтөө жүргүзүп, анда "мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашкан" деген көз карашты билдирген.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналисттин маалыматын “чындыкка төп келбейт” деп, андан кечирим суроону талап кылган.

Журналист Элнура Алканова менен премьер-министр Сапар Исаков.
Журналист Элнура Алканова менен премьер-министр Сапар Исаков.

Журналист андай талапты аткара албасын айткан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кылмыш ишин козгоп, Элнура Алканованы адегенде күбө катары сурап келген. Ал эми 13-февралда тергөөчүлөр ага айып такканы маалым болду.

Айып Кылмыш-жаза кодексинин 193 жана 194-беренелери боюнча “Коммерциялык сыр камтылган маалыматты мыйзамсыз алган жана мыйзамсыз жарыялаган” деген негизде тагылды. Алканова өзүнө тагылган айыптарды четке какты:

- Мага тергөөчү чалып, эгер Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын мага таккан айыбын негиздүү деп тапса, анда айыптоочу тараптын кызыкчылыгын Башкы прокуратура өзү коргой турганын айтты. Коюлган күнөөнү мен, албетте, мойнума албайм, себеби бул иш саясатташып кеткени, анын артында кандайдыр заказ турганы айдан-ачык.

Журналисттин адвокаты Жыргал Бабаевдин созүнө караганда, эгер сот журналистти аталган беренелер боюнча күнөөлүү деп тапса, ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Адвокат "жарыяланган маалыматта эч кандай сыр жок жана ал маалымат Интернет булактарында эркин жайгаштырылган" деген пикирин билдирди.

- Эгер күнөөлүү деп табылса бул 194-берененин үч жылдык жазасы бар. Бирок “банктын сырын ачты” деп сыпаттоо туура эмес. Себеби ал маалымат Интернет булактарында бар. Ошолордун негизинде мен "ишти кыскарткыла" деп өтүнүч киргизгем. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат​ мага азырынча бул тууралуу жооп бере элек.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бул иш туурасында комментарий берген жок. Ал эми БТА банкы бул маселе сотто каралмайынча эч кандай комментарий бере албай тургандыгын маалымдады.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева буга чейин журналистке жана басылмага коюлган талап тууралуу мындайча пикирин билдирген:

- Журналисттик иликтөөдө келтирилген жүйөлөр Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, чындыкка дал келбегендиги аныкталды. Ушундан улам "Фергана.ру" басылмасына жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, маалыматты төгүнгө чыгарууну жана коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылдык.

Кыргызстандык журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.

“Медиа Полиси” институтунун адиси Алтынай Исаева "журналист “банктын сырынын” алып жүрүүчүсү болбогондуктан, аны ачууга мүмкүнчүлүгү жок" деп, бул иште ал болгону субъект катары өтүшү керек болчу деп эсептейт.

- Бул кылмыш иши негизсиз козголон деп эсептейбиз жана бул иш токтотулушу керек. Себеби иш козголгон беренелер боюнча журналист жөн гана субъект катары өтүүдө. Элнура Алканова “банктын сырын” жарыя кылгыдай ал маалыматтын алып жүрүүчүсү эмес. Демек ага карата кылмыштын курамы жок.

Ал арада баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык бейөкмөт уюму кыргыз бийлигин журналист Алкановага козголгон кылмыш ишин токтотууга үндөдү.

Уюмдун Борбор Азия боюнча программасынын координатору Нина Огнянова айыптын “саясий жүйөсү бар жана ал журналисттик иликтөөдөн улам” коюлду деген пикирин билдирди. Ал ошондой эле кыргыз бийлигин "кылмыш ишин токтотуп, журналистке өз ишин коркпой аткарууга шарт түзүп берүүгө” чакырды.

Бул иш боюнча акыйкатчы Кубат Оторбаев да өткөн жылдын декабрь айында өз пикирин билдирген. Анда мыйзам боюнча журналист өзүнүн маалымат булагын ачыкка чыгарбаганга укуктуу экенин айтып чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сүйүүңүздү кантип билдиресиз?

Сүйүүңүздү кантип билдиресиз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Жаштыгы асманда өткөн Тлеухор

Жаштыгы асманда өткөн Тлеухор
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:56 0:00

Ачкачылык кармагандардын тарапкерлери митингге чыкты

Ачкачылык кармагандардын тарапкерлери митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Ноокаттагы эсепчинин табышмактуу өлүмү

Абдыжамбил Нурматов.

2017-жылдын 18-сентябрында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Абдижамбил Нурматов асынып өлгөн эле. Маркумдун жакындары 2018-жылдын 12-февралында Нурматовду асынууга түрткөн жагдайларды иликтеп берүүнү суранып укук коргоо органдарына кайрылышты.

Мындан алты ай мурун Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси асынып өлгөн. Ноокат районуна таанымал эсепчинин бул кадамы аймакта түрдүү имиштерге себеп болду. Маркумдун жакындары эсепчинин ажалына Төөлөс айыл өкмөтүнүн ошол кездеги айыл өкмөт башчысын жана аны адегенде текшерип келген көзөмөл органдарын күнөөлөп келишет. Айыл өкмөт болсо өз дарегине айтылган доону негизсиз деп эсептейт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев эсепчини өлүмгө түрткөн жагдайларды Ноокат райондук прокуратурасы текшере баштаганын билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө кылмыштын курамы табылса кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Азыр маркумдун жакындары ЖМКларга берген маалыматтардан улам, Ноокат райондук прокуратурасы эсепчини өлүмгө түрткөн жагдайларды текшере баштады.

- Окуя болгон учурда соттук-медициналык экспертиза сөз болуп жаткан эсепчинин өзүнө өзү кол салганын ырастаган. Маркумдун жакындары да аны өлүмгө түрткөн себептерди иликтөө тууралуу арыз беришкен эмес. Бирок азыр маркумдун жакындары ЖМКларга берген маалыматтардан улам Ноокат райондук прокуратурасы эсепчини өлүмгө түрткөн жагдайларды текшере баштады. Эгерде кылмыштын курамы аныкталса, бул боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Эсепчилик кесипти 40 жылдай аркалап, жашы 59га барып калган Абдижамбил Нурматовдун асылып турган сөөгү мындан жарым жыл мурун ээн бактан табылган. Ноокат районуна кесипкөй эсепчи катары таанылган бул кишинин мындай өлүмү аны жакындан билген кишилер үчүн күтүүсүз окуя болгон.

Нурматовдун өлүмү боюнча эл оозунда көп сөздөр айтылганы менен аны өлүмгө түрткөн себептер эч бир орган тарабынан иликтенген эмес. Маркум жерге берилгенден кийин эсепчини өлүмгө түрткөн бир нече себеп бар экени айтылууда. Маркумдун аялы Гүласал Нурматованын айтымында, анын карызы көбөйүп кеткен.

- Акча сурабаган адамы калган эмес экен. Ошол асынган күнү да жеңесине чалып, “мага 100 миң сом таап бериңиз” деп сураган экен. Көрсө ошол күнү бир доочу акчасын доолап 56 жолу чалыптыр. Ал мындай кыла турган киши эмес эле. Өмүрүндө эч кимден карыз болбой эле тирилигин тың кылып келаткан. Акыркы жылдары карызга батып кетти. Бирок үйгө бир тыйын да жумшаган жок. Ушунча билими, ушунча эмгеги менен эл катары жаңы машине минип, анан өлсө мынчалык арман кылбас элем.

Кесиптик жагынан тажрыйбалуу, жашы да бир топко барып калган, акыл-эстүү эле кишинин карызга батып калышына эмнелер себеп болгонун азыр так билген жан жок. Бирок маркумдун аялы Гүласал Нурматова жолдошунун өлүмүнө текшерүүчүлөр менен Төөлөс айыл аймагынын ошол кездеги башчысы Алия Баймурзаеваны күнөөлөйт.

Ал жолдошумду кул кылып иштетти. Азыр карыз доолап келгендерди "ошол Алия Баймурзаевага баргыла" деп атам.

- Акчанын баары текшерүүчүлөргө кетти. Бизди текшерүүчүлөр курутту. Менин жолдошумдун өлүмүнө Төөлөс айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Алия Баймурзаева түздөн-түз күнөөлүү. Кудай да көрүп турат. Ал жолдошумду кул кылып иштетти. Азыр карыз доолап келгендерди "ошол Алия Баймурзаевага баргыла" деп атам. Жолдошум бир жолу менден кечирим сурап, “сен "кайт, иштебе Алия менен" дегениңде укпай койгон элем. Мени кечир. Мен көп ташпиш менен жүрөм“ деп башын кармаган эле. Көрсө Алия эже отуруп эле "акча тап" дей берген экен. Ревизия келсе да "акча тап", прокуратурадан келсе да "акча тап", конок келсе да "акча тап" дей берген экен. Алиянын мыйзамсыз иштерин Бишкектен келип 40 күн текшеришкен. Ошондо көп карызга батканын эми билип атам.

Маркумдун карыздары көп экенин бир тууган иниси Таныкул Нурматов гана билчү экен. Бирок ал да агасы карызга алган акчаны кайда иштеткенин так билбейт. Тек гана боолголоп буларды айтат:

- Мен элден укканыма караганда агам карызга алган акчаны Алия эженин шайлоосуна да короткон. Алия Баймуратова КСПДдан 75-номур менен депутаттыкка койгон. Агамда акча жок да, ошондуктан сүткорлордон акча алган. Шайлоо өткөндөн кийин Баймурзаева Ноокат райондук социалдык фондунун башчылыгына которулуп кетти. Агам бул жерде мойнунда карызы менен кала берди.

Сөз болуп аткан Алия Баймурзаева Төөлөс айыл аймагын 11 жыл башкарган. Учурда ал райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгын жетектеп жатат. Ага чейин КСДПнын тизмесинде 75-чи болуп Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон. Айыл өкмөт болуп турганда көзөмөл органдарынын бир нече текшерүүсүнөн таза чыккан. Баймурзаева текшерүү органдарына чай куюп бергенден башкага айыл өкмөт катары ири акча коротпогонун, эсепчиси кандайча карызга батканынан кабарсыз экенин айтат.

Алия Баймурзаева.
Алия Баймурзаева.

- Мен ал киши менен Союз учурунан бери иштешип жүргөнмүн. Эгер анын өлөрүн билгенимде, анын көзү тирүүсүндө баарын тактап алмак экенмин. Үй-бүлөсү анын өлүмүнө мени күнөөлөп жатканына таң калып турам. Мен андан акча алганыма бир эле киши күбө болсо башка сөз эле. Мен муну Кудайга гана койдум. Бирөө мени камерага тартып алган жок же мен бирөөгө тилкат берген эмесмин. 40 жылдан ашык эсепчилик стажы бар, менден бир жаш улуу киши. Мага алданып калгыдай жаш бала эмес эле.

Болбогон эле кичинекей суммадагы акчанын айынан "карыздын үстөгү өсүп кетиптир" деген сөздөрдү угуп атам. Текшерүүчүлөргө адамгерчилик үчүн чай уюштуруп гана койчубуз. Прокуратура болобу, башка болобу, эч качан акча менен узаткан эмеспиз.

Абдижамил Нурматовдун үйүнө карыз доолап келгендердин аягы эмгиче үзүлө элек. Маркумдун уулунун айтымында, Баймурзаева ошол Нурматовдун карыздарынын 900 миңин өз мойнуна алып, тилкат жазып берген. Учурда маркум Абдижамил Нурматовдун балдарынын мойнунда дагы бир миллион сомдон ашык карыз бар экен.

Маркум акыркы 15 жылда бир да ири мүлк сатып албай, өмүрүнүн аягына чейин эски "Жигулиси" менен жүргөнүн туугандары айтышат. Ал өзү өлөр алдында жазган катында да мойнундагы карызы өз тиричилигине иштетилбегенин айтып кеткен.

Нурматовдун акыркы каты.
Нурматовдун акыркы каты.

"Адамзаттар! Мендей эч ким болбосун. Мени ушул акыбалга алып келгендер менен акыретте эсептешем. Турмушум үчүн эч кимден карыз эмесмин" - деп, карызынын төркүнүн табышмактатып кеткен. Олчойгон карыздын келип чыгышына айыл өкмөттөгү кызматы же башка нерсе себеп экени эч кимге маалым эмес.

Учурда маркумдун эки уулу аялдары менен Орусияда иштеп, тапканын атасынын карыздарына төлөп келет. Тун уулунун айтымында, атасы жалпысынан 3 миллион сомдой карыз төлөгөн. Андан сырткары, дагы 1,5 миллиондой карыз али да төлөнө элек. Абдижамил Нурматовдун аялы жолдошу кайтыш болуп кеткенден бери ооруп, ооруканадан чыкпай калган. Биз барган учурда да аны Кызыл-Кыядагы оорукананын жүрөк оорулар бөлүмүндө жаткан жеринен таптык. Маркумдун артында аялы, төрт уул жана бир кызы калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Тыйылбаган" тышкы карыз

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Финансы министрлиги февраль айында мамлекеттин карызы 240 миллион долларга азайганын билдирүүдө.

Сырткы карыздын бүгүнкү көлөмү өлкөнүн ички дүң жыйымына коркунуч келтирбейби? Акыркы жылдары насыяларды эмне үчүн Кытайдан алып жатабыз? Карызды төлөөнүн оор мезгили качан келет? Алынган насыялар натыйжалуу жумшалып жатабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин Финансы жана бюджет комитетинин төрагасы, депутат Табылды Тиллаев жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, бүгүнкү күндө мамлекеттин ички-сырткы карызы канча? Карыз 240 миллион долларга азайганы айтылууда, ал кайсы булактардан азайды?

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

Мирлан Байгөнчөков: 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 530 миллион долларды түздү. Анын ичинен 4 миллиард 80 миллион доллары тышкы карыз, ички карыз болсо 449 миллион доллар.

Кечирилгени тууралуу сөз болгон 240 миллион доллар Кыргызстандын Орусияга карызы болчу. Биз 2012-жылы Орусия менен ушул карызды он жыл ичинде бөлүп-бөлүп кечүү боюнча келишимге кол койгонбуз. 2016-жылы биз Орусияга 240 миллион долларды бир эле жол менен кечүү жөнүндө кайрылдык. Биздин демилгебизди президент Владимир Путин да колдоп, 2017-жылы эки өлкөнүн өкмөттөрү бардык процедуралык маселелерди бүтүргөн. Бул жылдын башында Орусиянын Мамлекеттик Думасы бул келишимди бекитти. Орусия тараптан бул карызды жоюу боюнча кандайдыр талаптар коюлган жок. Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болгону үчүн кечип жатат.

“Азаттык”: Табылды мырза, эл аралык иликтөөлөргө таянсак, эгер мамлекеттин жалпы карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң жыйымынын 60 пайызын түзсө, жалпы экономикага коркунуч келет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 56 пайыздан ашып калыптыр, тынчсызданууга негиз барбы?

Тышкы карызды кайтаруу көйгөйү

Тышкы карызды кайтаруу көйгөйү

Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга чукулдап калганын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Табылды Тиллаев: Карыз алуу тынчсызданууну жаратат. Карыздын Кыргызстандын ИДПсынын 56 пайызын түзүп жатканынын эч кандай коркунучу жок. Биз үчүн былтыр доллардын курсу кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу карызды доллар менен төлөө жеңил болду. Финансы министрлигинин ишин парламенттеги Бюджет комитети катуу көзөмөлдөп турат. Жылдан-жылга бюжеттин өсүү темпи жакшы. Ошондон улам карыз төлөөдө келечекте коркунуч болбойт деп ойлойм.

“Азаттык”: Мирлан мырза, "карызды көп төлөй турган мезгил келди, өлкө экономикасы эми очорулат" деген пикирлер бар. Деги Кыргызстан кимге канча акчаны качан төлөйт? "Графиги түзүлдү" деп маалыматтар чыкты...

Мирлан Байгөнчөков: Биздин министрликтин 2009-2010-жылдардагы болжолдоолорунда тышкы карызды төлөөнүн “чокусу” 2018-2019-жылдардан башталат деп айтылган. Ар бир жылда карыздын төлөөнүн суммасы ар кандай болот. Бүгүнкү эсептөөлөрүбүзгө таянсак карыз төлөөнүн “чокусу” 2025-жылдан башталганы турат. Эмне үчүн андай? Анткени акыркы алты-жети жылда биз дагы көптөгөн жаңы насыяларды алдык. Алардын көпчүлүгү кыргыз экономикасынын өсүшүнө жакшы таасирин тийгизип жатат. Ошого жараша карызды төлөө графиктерибиз да жылып жатат.

“Азаттык”: Табылды мырза, "Кыргызстан 2018-жылы эле 13 млрд. сом тышкы карыз төлөш керек" деп айтылып жүрөт. Биздин бюджет 23 миллиард сом таңкыстык менен кабыл алынып жатканын эске алсак, бул цифра канчалык жеңил болот деп ойлойсуз?

Тышкы саясат боюнча көз караштар

Президенттикке талапкерлер Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп АКШнын тышкы саясатындагы негизги алты суроо боюнча “таймашат”.

Табылды Тиллаев: Бул 13 миллиард сом 2018-жылдын бюджетинде каралды, мен оор болот деп айта албайм. Бул цифра үч жыл мурдагы болжолдорубузда каралган болчу. Ал эми бюджеттеги таңкыстыктын суммасы сырттан келе турган акчанын эсебинен киргизилген, андан коркунуч жок.

“Азаттык”: Мирлан мырза, Кыргызстан 23 өлкөгө жана эл аралык уюмга бересе. Алардын ичинен ири каражатты Кытай "Эксимбанкынан" алганбыз. Эмне үчүн Кыргызстан акыркы жылдары Кытай мамлекетинен эле көп насыя алып жатат? Башка финансы уюмдары бизге ишеним артпай калдыбы же кымбатпы? Кытайдыкы бизге ыңгайлуубу, жеңилби?

Мирлан Байгөнчөков: Негизинен Кытайдан келген насыялар жеңил эле болот. Бирок башка дагы көңүл бура турган маселе бар. Ооба, башка каржы уюмдары деле насыя берип жатат. Мисалы, “Датка-Кемин” линиясын куруш үчүн беш-алты эл аралык уюмга кайрылууга туура келди. "50-80 миллион доллардан эле беребиз" дегендер болду. Каражат долбоорго толук жетпей турган болуп калды. Ошондуктан бул долбоор биздин өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар экенин айтып, Кытай өкмөтүнө кайрылганыбызда алар колдоп беришти. Каражатты бир булактан алып, бир булакка беребиз, бул бизге да ыңгайлуу, жеңил болот. Түндүк-Түштүк жолу да ушундай эле шартта каржыланып, ишке ашып жатат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Кокодон алган карыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:36 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сузактагы зордуктоо: Ата сөрөйдүн акыл-эси текшерилет

Иллюстрациялык сүрөт.

"Өз кызын зордуктады" деп Сузак райондук соту 18 жылга эркинен ажыраткан киши облустук соттун чечими менен психиатриялык экспертизадан өтмөй болду. Бирок айыпталуучунун жубайы күйөөсү толук жазаланышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, туугандары айыпталуучуну бошотуп алууга аракеттенип жатышат.

Суранычы боюнча ысымы өзгөртүлгөн Гүлмира күйөөсүнүн өз кызына кылган зомбулугун көзүнө жаш алып айтып берди.

- Кызымдын тагдыры жаман атасынын айынан талкаланды. Биз ушул маалга чейин зордук-зомбулукта жашап келгенбиз. Аны эч ким уккусу да келген эмес. Акыры келип Кудайга да жакпаган кылыкты жасап отурат. Эмне кылайын, мен бардык тараптан алсызмын. Кудайга гана жалынып ыйлайм, эч кимдин башына салбасын мындай ишти.

Гүлмиранын айтымында, былтыр жайында 57 жаштагы күйөөсү мас абалында 24 жаштагы 2-топтогу майып кызын зордуктап салган.

- Ал күндөгү окуяны эстесем жүрөгүм зыркырайт, ошол себептүү айтып берүүгө батына албай турам. Ушул күнгө чейин үй-бүлөдө зомбулукта жашап, жолдошумдан жакшы күн көргөн жокмун. Бир топ жыл мурда мени катуу сабап, милицияга арыз менен кайрылып, соттук-медициналык экспертизадан өткөм. Алардын баарын жолдошум өзү бүтүрүп, ишти жаптырып салыптыр. Эки жыл мурун "ажырашам" десем кыздарым, туугандарыбыз ортого түшүп, жараштырып койгон болчу. Эми келип кызыма зөөкүрлүгүн көрсөтүп жатат. Азыр Кудайга жалынып, "мага ак жол көрсөт" деп ыйлап жатам. Башка аргам калган жок.

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

Бир уул, төрт кыздын энеси Гүлмира күйөөсү менен 33 жылдан бери чогуу жашап жатат. Үч кызы өз алдынча турмуш куруп кетишкен. Уулу чет жакта мигрант болуп жүрөт. Кичүү кызы психикалык жактан оорулуу болгондуктан колунда калган.

Өз кызын зордуктоого шектүү катары Сузак районунун 57 жаштагы тургуну өткөн жылдын август айында камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоо", "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Сузак райондук соту 2017-жылдын декабрь айында айыпталуучуну 18 жылга эркинен ажыраткан.

Ишти карап жаткан облустук соттун коллегиясы 6-февралда соттолуучуну медициналык кароодон өткөрүш үчүн экспертизага жөнөтүп, ишти кароону убактылуу токтотконун облустук соттун басма сөз кызматкери Маркель Болотов айтты:

- Учурда бул иш облустук соттун кароосунда жатат. Биринчи жана экинчи отурумдарга жабырлануучу жана анын жактоочусу белгисиз себептен улам келген эмес. Алардын сотко келишин камсыз кылуу прокуратура кызматкерлеринин милдети. Үчүнчү жолку сот 6-февралга белгиленип, анда да жабырланган тараптан эч ким келген эмес. Соттук отурумда соттолуучу киши берилген суроолорго жооп бербей, иштин жагдайларына көңүл бурбай, өзү менен өзү алек болуп отургандыктан анын жактоочусу стационардык соттук экспертизадан өткөрүү боюнча сотко өтүнүч келтирген. Облустук соттун коллегиясы аны канааттандырып, экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин ишти кароо убактылуу токтотулду.

Жабырланган кыздын энеси Гүлмира облустук соттун отуруму болору тууралуу бир да кат албаганын, анын жактоочусунун да бул багытта кабары жоктугун айтат:

- 6-февраль күнү мен жактоочума телефон аркылуу "бүгүн сот болобу" деп сурасам, "болбойт экен" деп жооп берди. Мурунку отурумдар боюнча менин таптакыр кабарым жок. Демек бул жерде соттор айыпталуучу тарап менен сүйлөшүп, балким алчусун алып ишти жабырлануучулардын катышуусуз карап жатат. Эми болсо психикалык ооруканага жаткырып, андан ары жазадан бошотуу аракетин көрүшүүдө. Бул жерде акыйкатык жок болуп жатат. Кызым үчүн мен акыйкаттыкты талап кылам.

Соттолуп жаткан Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну буга чейин облустук оорукананын башкы дарыгеринин жана шаардагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысынын айдоочусу болуп иштеп келген. Айылдаштарынын айтымында, үч жыл мурда экинчи аял алып, биринчи турмушундагы Гүлмира менен турак жай талашып жүргөн. Бул багытта алардан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Укук коргоочу, акыйкатчынын облустагы мурунку өкүлү Алима Аманова оор кылмыш жасагандар соттон толук жазасын албай калган фактылар бар экенин айтты.

Алима Аманова.
Алима Аманова.

- Облустук соттун стационардык соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөткөнү туура эле. Эми ошол экспертизанын жыйынтыгы кандай чыгат - кийинки иш ошого жараша болот. Эгерде "жатып дарыланышы керек" десе, анда жабык жайлардагы колонияга жөнөтпөй эле, психикалык оорукананын атайын дарылануучу жайына киргизилет. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (“Зордуктоо”) менен кесилгендер түрмөгө отурса, ал жерде да өзүнчө коомчулукка айтылбаган жаза бар. Булар ошондон коркуп, түрмөгө отурбаганга аракет кылып жатса керек. Мындай зордук-зомбулук фактыларынын тыйылбай жатышы катуу жазага тартылбай жатканы менен байланыштуу. Бул иштер жабык соттук отурумда каралганы менен жогорку органдардын жана коомчулуктун назарында болушу керек. Жабырлануучу аялдын айтып жаткан шек саноосу чындыкка жакыныраак.

Кризистик борборлор биримдигинин изилдөөсүнө караганда, кыргыз коомунда аялдардын 83% психологиялык, моралдык, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Анын ичинде сексуалдык зомбулуктун 10% гана ачыкка чыгат. Адатта айыпталып жаткан адамдардын кырктан бири гана сот тарабынан күнөөлүү деп табылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Айтматов сыйлыгынын чуусу парламентте сөз болду

Парламент.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына бюджеттен бөлүнгөн акчанын чуусу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинде жабык талкууланды. Комитет жыйыны тиешелүү күч органдарынын маалыматын укту, бирок кабыл алган чечимдер тууралуу маалымат таратылган жок.

Бир жумадан бери талкууга түшкөн КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын чырын 13-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жабык талкуулады. Жыйында сыйлыкка бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча кылмыш ишин тергеп жаткан УКМКнын өкүлдөрү маалымат беришти.

“Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабировдун жабык жыйындан кийин айтканына караганда, кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу азырынча көп маалыматтар ачык жарыяланбайт.

- Азырынча көп нерсе түшүнүксүз. Эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери акчаны кандайча алганы, ал кандай которулганы белгисиз.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Эл аралык комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев да сыйлыкка бөлүнчү каражат кантип уурдалганын түшүнүү кыйын болуп турганын билдирди. Анын айтымында, бул сыйлыктын жеңүүчүлөрүн аныктоо жана тапшыруу үч этапка бөлүнөт.

- Ал акчаны кантип алганын, кандай негизде алганын жакшы билбейт экенмин. Бирок сыйлыктын лауреаттарын көрсөтүү боюнча жобого ылайык ал үч этапка бөлүнөт. Ар бир парламент көрсөтөт, аны парламент аралык комиссия карап чыгат. Андан соң парламент аралык кеңеш бекитет. Мына ушул үч баскычты буйтап өткөнү түшүнүксүз.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, ал эки айга камакка алынды.

Маалыматка караганда, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын 30 миң доллар акчалай сыйлыгын Закиров 2017-жылдын сентябрь айында колуна алган. Ал үчүн парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ал кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго жиберип, акча бөлүнгөн. Муну Турсунбеков "Азаттыкка" бир нече жолу ырастаган:

- Эл аралык комитеттин башчысы атайын кат менен мага кайрылган. Мен мыйзамга ылайык, жобого ылайык тиешелүү бөлүмдөргө түшүрүп бергем. Тергөө жүрүп жатат, мунун айрым жагдайлары анын жүрүшүндө такталса керек. Буга күнөөлүү адам бүгүн камалды. Эгер дагы башка адамдардын күнөөсү бар болсо, алар да камалышы керек деген принципиалдуу позициям бар.

Акчанын мыйзамдуулугуна байланышкан күмөн Закиров парламенттин иш башкармалыгына тиешелүү документтердин негизинде отчет тапшырганда пайда болгон. Натыйжада парламент тапшырылган документтердин мыйзамдуулугун тактоо максатында КМШнын Парламент аралык ассамблеясына кат менен кайрылат. Ассамблеядан өз кезегинде "кыргыз парламенти которгон акча келген жок, бул боюнча тапшырылган документтерге аталган уюмдун тиешеси жок" деген жооп келген. Ошондон кийин гана Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, Арсен Закиров эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Бирок ошол эле учурда сыйлык бөлүнчү каражатты накталай алуу боюнча катка кол коюп, төрагага кайрылган парламенттин Эл аралык комитетинин төрагасынын жоопкерчилиги боюнча да суроолор пайда болду. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков документке кол койгон соң комитет төрагасынын маселеси каралышы керек деген пикирде.

- Документке кол койгон соң жоопкерчилик бар. Бюрократиянын мыйзамы ушул. Комитеттин төрагасы катары кол койдуңбу - ал үчүн сен жоопкерчилик тартышың керек. Маселен, Салянованын иши боюнча салыштырып көрсөк, ага орун басарлары даярдап келип, "документке кол коюптурсуң" деп соттоп жатышпайбы. Андай болсо сен кандай максатты ойлогонсуң, окубай туруп эле кой коесуңбу - ал үчүн комитет башчысы жооп бериши керек.

Ал эми парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматы да бул боюнча комментарий бере албасын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Шадиевдин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөп жатып, вице-премьер бардар адам экенин эске салып, "ал киши мындай каражатка муктаж эмес" деген пикирин билдирди.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Андан бери бул сыйлыкка КМШ өлкөлөрүнүн адабиятка жана маданиятка кошкон салымы үчүн Юрий Поляков (Орусия), Анар Рзаев (Азербайжан), Грачье Тамразян (Армения) жана Шайлообек Дүйшеев (Кыргызстан) татыктуу болгон. Жогорудагы төрт сыйлык ээсине тең Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллардан акчалай сыйлык берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Эртеңди ойлобой кыйылган бак-дарактар

Эртеңди ойлобой кыйылган бак-дарактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

Кара-Суудагы уулануунун себеби аныктала элек

Ооруканада жаткан бала.

Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн 12 бейтаптын бешөөнүн абалы дагы эле оор. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер. Дарыгерлер бейтаптардын саламаттыгы көзөмөлдөнүп жатканын билдиришүүдө.

Уулангандардын арасынан абалы өтө оор деп эсептелген келин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө догдурлардын кароосунда жатат. Балдар ооруканасындагы жандандыруу бөлүмүндө дагы төрт бала дарыланууда. Алардын абалы дагы эле оор.

Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Абдыгапар Гаипов ууланган бейтаптар тууралуу буларды айтты:

- Бизге келгенден кийин ашказанын жууп, керектүү дары-дармекти берип жардам көрсөттүк. Экөөнү балдар ооруканасына котордук. Алар жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатышат. Үйдө чогуу болгондордун баарын чакыртып, бизге келип жатышты. Азыркы убакта балдар ооруканасында төрт бала дарыланып жатат. Биздин бөлүмдө эки бала, алты киши дарыланып жатат.

Ооруканада жаткан балдар
Ооруканада жаткан балдар

Уулануунун себептери так аныктала элек. Адистер жабыркагандар үйдө жасалган тамактан ууланышкан деп божомолдоп жатышат. Дарыгерлердин айтымында, бир күн мурда туугандар бир дасторкондо чогуу тамактанышкан. Ошондон баштап чогуу тамак ичкендердин дээрлик баарынын саламаттыгы начарлап кеткен. Ооруканага түшкөндөр өздөрү деле кайсы тамактан ууланганын так айта албай жатышат.

Жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Абдыгапар Гаиповдун айтканына караганда, негизи консерваланган тамак-аштан уулануу турмушта көп эле кезигет. Ошондуктан үй шартында жашылча-жемиш консервалоо кооптуу, анткени адам өмүрү үчүн коркунучтуу делген ботулизм илдетинин микробдору жабылган идиште тез жана көп чогулат.

- Ботулизм - абасыз мейкиндикти жакшы көргөн микроб. Бул негизинен үй шартында даярдалган консервалардан жугат. Ошон үчүн үй шартында консервация кылбаш керек. Тийиштүү шарттар аткарылбагандыктан ботулизм тез көбөйүп, өз уусун бөлүп чыгарат да бардык салаттарга, тамак-ашка жугат. Аны жеген адамдар ооруйт. Ага бир буюм экөө болуп көрүнүп калат. Башы айланып, кусат. Көзү тумандап, тамагы бүтүп, мурду менен сүйлөп калат.

Адистердин айтымында, Кара-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө ботулизм менен мурдагы жылы жыйырмадан ашуун оорулуу кайрылса, былтыр бирөө катталган.

Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор

Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Садырбаевдин өмүр жолун эске салган "Даанышман"

“Даанышман” аттуу беш томдук чыгармалар жыйнагы

Бишкекте коомдук-саясий ишмер Дооронбек Садырбаевди эскерүү жыйыны жана “Даанышман” аттуу беш томдук чыгармалар жыйнагынын бет ачары өттү.

Китепте автордун Алыкул Осмонов жөнүндөгү белгилүү чыгармалары, аңгемелери, макалалары, мурда жарыяланбаган кол жазмалары чогултулган.

Жыйынга келген расмий өкүлдөр, парламент депутаттары бүгүнкү күндө кыргыз саясатына Дооронбек Садырбаев жетишпей турганын айтып, анын эмгекчилдигин сөз кылышты. Маркум 13-февралда 79 жашка чыкмак.

Дооронбек Садырбаев эмгек жолунда сексенге жакын хроникалык-даректүү фильмдерди, 16 көркөм тасма тарткан. Мындан сырткары кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн жыйырмадан ашык китептин жана миңге чукул публицистикалык макалалардын автору.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев Дооронбек Садырбаевдин көп кырдуу талантына токтолду:

- Дооронбек аке кеткенден бери Жогорку Кеңеш үч жолу жаңырды. Бирок жаңы Дооронбек аке келген жок. Жаш депутаттар келди. Көбөйдүк, бирок жаңы Дооронбек Садырбаев келген жок. Анын адабияттагы, кинодогу, саясаттагы ордун айттыңар. Докебиздин байкалбай жүргөн дагы бир жагы бар эле. Фёдор Достоевский "мен орус адабиятына канчалык из калтырганымды кийинки доор айтаар. Бирок мен орус тилине беш сөз киргизгеним үчүн орус элинин жүрөгүндө калдым" деп айтса керек эле. Мен билгенден Докебиз кыргыз лексиконуна төрт сөз киргизди. Биринчиси - "бүкүр демократия", экинчиси - "дүжүр чалдар", үчүнчүсү - "ОБОН", төртүнчүсү - "гуманоид". Анан акыркы отуз жыл аралыгында миңдеген депутаттар, жүздөгөн министрлер болду. Бирок мен элдин жүрөгүндө калган, парламентаризмдин символу болгон эки-үч эле кишини билем. Алар - Медеткан Шеримкулов, Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев…

Тасма тартууга даярдык. 60-70-жылдар.
Тасма тартууга даярдык. 60-70-жылдар.

Садырбаев режиссердук жана кино өнөрү менен студент кезинен тартып эле алектене баштаган. 4-курстан мединституттагы окуусун таштап, жаңы ачылган Кыргыз телевидениесине режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргыз тилине которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.

Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков замандашынын чыгармачылыгына токтолуп жатып, анын кинорежиссер катары дайыма изденип, жаңылыктарга умтулуп келгенин белгиледи:

- Доке көп багытта биринчи болуп иштеген. Мисалы, биринчи фильм-концертти Доке тартты. Ал кыргыз эстрадасы тууралуу тартылып, алып баруучу Асанкул Шаршенов болгон. Концерттин сюжетин өтө жакшы ойлоп тапкан. Экинчиден, кыргыз кинематографиясынын тарыхында кино комедияны Доке тартты. Ал 1979-жылы тартылган "Түркүн тагдырлар" деген тасма. Кезинде ушуну комедия эмес деп да чыгышты. Күлкүсү келип турса да күлбөгөн кишилер болот экен да. Андан кийин кыргыз кинематографиясынын тарыхында "Махабат дастаны" деген музыкалуу тасманы да Доке биринчи жолу тартты. Садырбаев ушул сыяктуу көп иштерде биринчи болду. Анын баарын тактап, иликтеп чыгарса жакшы болмок.

Садырбаевдин бир нече телефильмдери эл аралык жана Бүткүл союздук фестивалдарда жеңишке жетишкен. Ал эми 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылы тууралуу тарткан "Кайран эл" аттуу алты сериялуу тасмасы бийлик цензурасына туш болуп, кино жүгүртүүгө чыкпай калган.

Азимбек Бекназаров, март, 2016-жыл
Азимбек Бекназаров, март, 2016-жыл

Анткен менен Дооронбек Садырбаев өз өмүрүнүн гүлдөп турган учурун коомдук-саясий иштерге арнады. Ал үч жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Саясатчы катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бүгүнкү күндө Садырбаевдин эң жакын санаалаштары кыргыз саясатынан четтетилгенин айтты:

- Доке, Доке дейбиз, бирок Докедей болуш кыйын. Докенин шакирттери бүгүн саясатта бар, бирок түрмөдө жатат. Мына, эң жакын көрүп, он жыл бою президент кылам деп даярдап келген Өмүрбек Текебаев бүгүн түрмөдө. Дүйшөн Чотонов жанындай көргөн баласы эле. Ал да бүгүн түрмөдө. Бектур Асанов түрмөдө. Баяман Эркинбаев өтүп кетти. Адахан жүрөт. Исаков, мен, Бөдөш Мамырова жүрөбүз. Бирок биз бүгүн Докеге окшоп эле саясатта эмеспиз. Кезинде аны укпагандай эле азыр да бизди эч ким укпайт.

Келинчеги Сонунбүбү, уулу Зарылбек менен.
Келинчеги Сонунбүбү, уулу Зарылбек менен.

Замандаштары жана жакындары көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жалган айткан адамдарды жек көргөн, адилеттикти аздектеген, карапайымдыкты баалаган ак жаркын адам болгонун белгилешет. Садырбаев менен кырк жылдан ашуун өмүр сүргөн Сонунбүбү Көлбаева күйөөсүнүн жаш чагын, эмгекчилдигин мындайча эскерип турду:

- Ал эч качан жумушунан кечиккен эмес. Барбай койгон учуру да болгон эмес. Күнү-түнү эле күжүлдөп иштей берчү. Жаңы үйлөнгөндө акча табыш үчүн ар кайсы иштерди жасап жүрдү. Өзү жетим бала эле. Экөөбүз эрте үйлөнүп алганбыз. Теледе, кечинде театрга иштеп тыйын тапчу. Таң атканча кино котормодо иштейт. Бош боло калса аңгемелерди, ырларды, сценарийлерди жазчу.

Садырбаевдин "Даанышман" китебине Алыкул Осмонов тууралуу романы, эки томдугуна парламенттик ишмердиги, сүйлөгөн сөздөрү кирген. Калган томдоруна мурда чыга элек кол жазма бойдон калган аңгемелери, ырлары топтолгон.

Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Сүрөт баян: Кайран Доке, кайран талант!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Акыйкаттык үчүн кыйылган өмүр

Акыйкаттык үчүн кыйылган өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:27 0:00

Депутат: Бектур Асановдун абалы оор

Депутат: Бектур Асановдун абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

"Салимбай байбача" кимдин "тиреги"?

Социалдык тармактарга тараган видеонун скриншоту.

Социалдык тармактарда Кыргызстандагы таасирлүү адамдардын өзбекстандык белгилүү олигарх, кримтөбөл атыккан, "Салимбай байбача" деген ат менен белгилүү болгон Салимбай Абдувалиев менен жолугушуусу тартылган видео талкуу жаратты.

Тасмада "Абдувалиев Кыргызстандын тиреги, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт" деген мазмундагы сөздөр айтылган.

Кыргызстанда "Салимбай байбача" тууралуу 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан "Кыргызстан" партиясына байланыштуу сөз болгон.

2016-жылы Кыргызстандын атайын кызматы оппозициячыл саясатчы Эрнест Карыбековду "Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамдары аркылуу өзбек бийлиги менен кызматташкан" деген айып менен камакка алган.

Бир мүнөткө жетпеген чакан видеодон Салимбай Абдувалиевди өзбектердин улуттук чапанын, топусун кийген эки адам коштоп турганын көрүүгө болот. Анда Абдувалиев "Кыргызстан менен Өзбекстан өнүксүн" деген эле сөздөр менен чектелген. Жанындагылар болсо аны "Кыргызстандын тиреги" деп макташкан:

- Салимбай Кыргызбаевич биз менен. Биз буга сыймыктанабыз! Салимбай ака биздин тирегибиз. Салимбай ака тирүү кезинде кыргыздардын тиреги тирүү. Салимбай ака биздин президентибиз Сооронбай Жээнбековду колдойт!

Бул видео качан, кайда, кандай жагдайда тартылганы беймаалым. Социалдык тармактарда Салимбай Абдувалиевди жандап тургандардын бири ИИМдин мурунку кызматкери, полковник, Оштогу таанымал бизнесмен, экинчиси Жогорку Кеңештин мурунку депутаты экенин жазышты. "Азаттык" бул макала жазылып жаткан чакта аты аталган адамдар менен байланышып комментарий ала алган жок.

Видеону "Фейсбуктагы" баракчасына тараткандардын бири, жарандык активист Шайырбек Маматокторов тасмада Салимбай Абдувалиевдин "Кыргызстандын тиреги" деген мактап-жактаган сөздөр айтылганын сынга алды:

Шайырбек Маматокторов. Архивдик сүрөт.
Шайырбек Маматокторов. Архивдик сүрөт.

- Анын кримтөбөл экени Кыргызстанга, Өзбекстанга эле эмес, Бүтүндөй Орто Азияга маалым. Албетте эми расмий булактар аны ар түрдүүчө атап жатышат. Спорт чөйрөсүнөн, дагы башка дегендер да бар. Кеп анын кримчөйрөгө тиешеси бар-жогунда болгон жок. Мен бейрасмий персонага биздин жарандар - экс-депутат, башы көрүнгөн бизнесмен, ИИМдин мурдагы кызматкери барып, алардын улуттук кийимин кийип алып, "биздин таянар тообуз, биздин тирегибиз" деген маанидеги сөздөр болгонун сынга алдым. Ал жердеги эки кишини "жаман" же "биздин душмандар" деген жокмун. Анын үстүнө ошол видеодо Салимбай мырза саясий жактан ашыкча нерселерди айтпай, болгону эки өлкөнүн ортосунда достук болсун деп эле басып кетти. Ал эми биздин жарандар болсо аны "биздин планетардык деңгээлдеги тирегибиз" деп бир аз ашкере мактады. Эсиңиздерде да, соңку шайлоодо бийликтеги кайсы бир партия "ишенимдүү тирегиң" деген ураан менен үгүт өнөктүгүн да жүргүзбөдү беле.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева болсо бул окуя тууралуу мындай деди:

- Бул сөздөрдү бул видеодогулар кандай максатта айтканын комментарийлей албайбыз. Анткени президент Сооронбай Жээнбековдун бул жаран менен эч кандай байланышы жок.

Табышмактуу сүрөттүн каармандары

Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.
Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин "Facebook" баракчасынан алынды.

Сөз болуп жаткан видео менен кошо "Салимбай байбачанын" Кыргызстандагы таасирлүү адамдар, Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары чогуу түшкөн сүрөттөр да жарыяланды. Алардын биринен "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду, "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болот.

"Азаттык" Салайдин Айдаров менен байланышып, сүрөттүн жайын сурады. Ал Салимбай Абдувалиев менен мындан эки жыл мурун жолукканын "Азаттыкка" бышыктады:

Салайдин Айдаров.
Салайдин Айдаров.

- Ал спорт жагында жүргөн адам. Өзбекстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти. Ал эч кандай криминал эмес. Спорт дүйнөсүндө жүргөн адам. Берки Шаршенбек Абдыкеримов болсо Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси. Спорт жагынан жолугушкан адамдар. Болгону биздин бир сүрөтүбүз чыкты. Спорт боюнча жолугушууда тартылган. Эки-үч жыл мурун Өзбекстанда болгон. Жолугушуу илгери болгон. Видеого болсо биздин тиешебиз жок.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Салимбай Абдувалиев менен спорт чөйрөсүндө тааныш экенин, жарыялаган сүрөт төрт жыл мурун тартылганын билдирди:

Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

- 2014-жылы Ташкентте дүйнөлүк чемпионат өткөн. Ошондо түшкөн сүрөт. Мына, 27-февралда бизде Азиянын биринчилиги болот. Анда да Өзбекстандан, Казакстандан командалар келет. Мен өзүм Күрөш федерациянын вице-президентимин. Анан ошол сүрөттү тигил видеого кошуп чыгарып коюшуптур. Ал жакка жалгыз эле мен барган жокмун, 200 мамлекеттен барган. Ошол мамлекеттердин күрөш федерацияларынын жетекчилеринин баары болгон. Өзбекстан баарын тоскон. 27-февралда бизге келгенде биз да аларды тособуз. Федерациянын президенттери, спорт министрлери келет. Мен бул сүрөт каяктан келгенине өзүм таң калып жатам. Салимбай Абдувалиев спортко күйгөн киши. Спорт аркылуу эле таанышпыз. Биздин спортчулар мелдештерге барат. Федерациялар аркылуу биргелешкен иштерди өткөрөбүз. Биз спорт аркылуу гана таанышпыз.

Эмнеси болсо да Салимбай Абдувалиевдин кыргызстандык таасирлүү адамдар менен чогуу түшкөн соңку видеосу талкуу жаратты. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков төмөнкүчө пикирин билдирди:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

- Салимбай Абдувалиев расмий булактарда Өзбекстандын ишкери катары айтылып жүрөт. Ал эми эл арасында болсо ар кандай сөз бар. Бирок "Цезардын аялы ар кандай шектенүүдөн оолак болушу керек" деген сөз бар го. Ошондуктан биздин саясатчылар ошондой шектенүүлөрдөн алыс жүргөнү эле жакшы го. Себеби ой-ниети жакшы болсо да адамдар ар кандай тыянак чыгарып алышы мүмкүн. Саясатчылар эл алдында жүргөн адам болгондон кийин ар бир баскан кадамына баа берип, ойлонуп басышы керек.

Салимбай Абдувалиевдин карааны...

Салимбай Абдувалиевдин аты 2015-жылы Кыргызстандагы парламенттик шайлоо маалында айтылган. Ошол маалда Интернетте Абдувалиевдин ишенимдүү адамы атыккан Шомурад Шофайзиевдин Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү жана “Кыргызстан” партиясынын лидерлери менен Ысык-Көлдөгү жолугушуусу тууралуу видео тараган.

Анда жолугушуу көлдөгү пансионаттардын биринде 23-24-август күндөрү өткөнү, жолугушууну “Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары Шаршенбек Абдыкеримов уюштурганы маалым болгон. Көп өтпөй "Кыргызстандын" ошол кездеги лидери Канат Исаев партиялашы Шаршенбек Абдыкеримов өзбекстандык авторитет Салимбай Абдувалиев менен тааныш экенин ырастаган.

Мунун алдында “Азаттык” Абдыкеримовдун “Аю” фирмасы Ошто июнь коогасы боюнча айыпталып сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Иномжан Абдурасуловдуку экени айтылган ишканаларды сатып алганын иликтеп чыккан эле. Андан кийин Салимбай Абдувалиевдин катыштыгы бар деген ишканалардын Кыргызстандагы өкүлдөрү “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого баратканы аныкталган.

Салимбай Абдувалиев.
Салимбай Абдувалиев.

Салимбай Абдувалиевдин аты 2016-жылы жазында “Элдик курултай” кыймылынын лидери, оппозиционер Эрнест Карыбеков камакка алынганда айтылган. Коомдук биринчи канал 27-мартта "оппозиция өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү" деген видео сюжет көрсөткөн. Сюжетте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ыкчам тасмалары жарыялаган. Анда "Карыбеков Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышта болгон" деп айтылган. Тактап айтканда, "Карыбековго энергетикалык маселелерде Ташкендин кызыкчылыгын коргогон, коңшу мамлекеттин атайын кызматынын Фархад Парпиев аттуу өкүлү менен тымызын кызматташып жүргөн" деген доомат коюлган.

Сюжетте "Парпиев Өзбекстандын атайын кызматтары менен тыгыз кызматташат. Ал ошондой эле криминалдык дүйнөдө “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал болгон Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамдарынын бири. Белгилүү болгондой, Өзбекстанда криминалдык дүйнө Улуттук коопсуздук кызматынын тыкыр көзөмөлүндө" деп айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Айтматовдун “Портфелчен маймылы” жарык көрдү

Айтматовдун жомоктор китеби.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Уламыштар жана жомоктор” аттуу балдарга арналган китеби жарык көрдү. Китепке жазуучуга кичинекей кезинде чоң апасы айтып берген айрым жомоктор, өз чыгармаларына кирген уламыштар жана Айтматов өзү жазган жомок киргизилген. Алардын арасында буга чейин жарык көрбөгөн чыгармалар да бар.

«Нуска» китеп дүкөнүнүн жетекчиси Анархан Садыкулова Чыңгыз Айтматовдун жомоктору топтолгон китепте кандай темалар бар экенин айтып берди:

- Эки жаңы чыгармасы бар. Ошол эле учурда буга чейин башка тилде жарык көрүп, кыргыз же орус тилинде чыкпай келген жомоктору бар экен. Мага жазуучунун жубайы Мария Урматовна өзү келип айтып кетти. Мунун ичинде маңкурт тууралуу легендага басым жасалган. Анан агайдын буга чейин немис тилинде жарык көрүп, кыргыз окурмандары окуй элек жомоктору бар экен. Ал биринчи жолу орус тилине которулуптур. Жазуучунун жакындары "эми бул китеп кыргызча которулуп чыгат" дешти.

Китеп жалпы жонунан сегиз көлөмдүү жомоктон турат. Жыйнак жазуучуга чоң апасы Айымкан айтып берген "Үч жарды эже-сиңди" аттуу кадимки элдик жомок менен башталат. Андан ары "Чыпалак бала", "Бугу эне", "Карагул"," Маңкурт", "Алтынчы жана жетинчи", "Акбара" сыяктуу уламыштар кирген.

Улуу жазуучу китепке кирген жомоктордун бирин кезинде өзүнүн балдары үчүн атайын жазып берген экен. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов үй-музейинин адиси Гүлсайра Токтошалиева кеп салды:

- Айтматов кызы Ширинге, уулу Элдарга арнап, заманбап жомок жазып берген экен, "Портфелчен маймыл" деген. Бул жомокто башкы каармандар - Ширин менен Элдар. Жазуучу зоопаркка балдарын алып барса, балдары ал жерде темир тордо камалып турган маймылдарды аяп, алардын эркиндикте жүрүшүн каалашат. Анан жомокто эки бир тууган кароолчунун жардамы менен маймылдарды куткарышат. Бул сюжет жомокто кенен берилген.

"Портфелчен маймыл" жомогунда Айтматов өзүнүн уулу менен кызын баш каарман кылып алып, жалпы балдарга жапайы жаныбарлар адамдардын жардамы жок эле жашай ала турганын түшүндүрүп, андыктан табиятка зордук-зомбулук кылууга болбой турганын айткан.

Балдар жазуучусу Жылдыз Акаеванын айтымында, адабиятчылар арасында Чыңгыз Айтматовдун балдар адабияты жаатындагы чыгармалары анча айтылбаганы менен, залкар жазуучу бул багытта да башкаларга окшобогон көркөм мурастарды калтырган:

- "Чыпалак бала" элдик жомок эмеспи. Аны залкар талант Чыңгыз Айтматов сонун кылып өздөштүрүп, жаңылап, сюжеттин үмүт отун жандырып кайра алып чыкты. Бирок мен бир жылдары Айтматов орусиялык журналисттин: "Балдар үчүн жазган чыгармаларыңыз барбы?" деген суроосуна: "Мен балдар үчүн жазбайм. Себеби балдар адабияты башка планета", - деп жооп бергенин билем.

Акаеванын пикиринде, Айтматов "Эрте келген турналарда" өспүрүмдөрдүн ой жүгүртүүсүн, ички дүйнөсүн ачып берсе, "Атадан калган туяк", "Ак кеме", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" сыяктуу чыгармаларынын дээрлик ар биринде балдарды каарман кылып алып, алардын жан дүйнөсүн чагылдырган.

Айтматов таануучу Айнура Кыдырмамбетова залкар жазуучу өз чыгармаларында жомокторду, легендаларды ошол сюжеттин нугуна карата жаңылап иштеп чыкканын ортого салды:

Айтматовду балдар жазуучусу деп айтканга болбойт. Бирок жазуучунун чыгармачылыгында балдар үчүн калтырган көптөгөн насааты бар.

- Негизинен Айтматовду балдар жазуучусу деп айтканга болбойт. Бирок жазуучунун чыгармачылыгында балдар үчүн калтырган көптөгөн насааты бар. Албетте, Айтматов өзүнүн бир топ чыгармаларында жомокторду кайрадан иштеп, өзүнүн көркөм элегинен өткөрүп, чыгармасынын темасына, идеясына ылайыктап иштеп чыккан. Алардын ичинен мисалы "Ак кеме" повестинде Бугу эне, Чыпалак бала тууралуу жомок бар. Мисалы, Бугу эне тууралуу жомокту балдарга окуу үчүн өз алдынча берсе болот. Ал эми Чыпалак баланы Айтматов "Ак кеме" повестининин идеясына жараша колдонгон.

Чыңгыз Айтматовдун “Уламыштар жана жомоктор” китеби жазуучунун атындагы эл аралык фонду тарабынан орус тилдүү окурмандарга тартууланды. Фонддун директору, жазуучунун уулу Элдар Айтматов жакында аталган китеп кыргыз тилинде да басылып чыгарын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тартип комиссиясы сотторду тазалайбы?

Кыргызстанда соттордун ишин көзөмөлдөгөн Тартип комиссиясы иштей баштады. 2016-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, мыйзам бузган соттордун ишин жаңы түзүлгөн Тартип комиссиясы карап, аларга чара көрүүнү сунуштайт. Жогорку Кеңеш депутаттары саясатчылардын ишин караган судьялардын үстүнөн Тартип комиссиясына кайрыларын билдиришүүдө.

Тартип комиссиясынын укук-милдети

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы толук курамда ушул айдан тарта иштей баштады. Анткени Жогорку Кеңеш өз квотасындагы үч адамды өткөн айда гана шайлап берди. Тогуз кишиден турган Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин президент, үчтөн бирин парламент, үчтөн бирин соттор өзү дайындайт.

Судьялардын үстүнөн Тартип комиссиясына жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, Кыргызстандагы соттордун төрагалары кайрыла алат.

Сотторду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен Тартип комиссиясына башкы прокурор, тиешелүү мамлекеттик органдар кайрылса болот. Аталган комиссиянын мүчөсү Эрлан Базарбай уулу судьяларга Тартип комиссиясы көрө турган чараларга токтолду:

- Биздин чечим эскертүү, сөгүш берүү же жумуштан бошотуу сунушу болушу мүмкүн. Кызматтан бошотууга келсек, эгер жергиликтүү соттордун судьясы болсо, аны президенттин наамына, ал эми Жогорку Соттун же Конституциялык палатанын судьясы болсо, парламенттин атына жиберебиз.

Тартип комиссиясынын мүчөсү Эрлан Базарбай уулунун айтымында, алар соттордун чечимин карабайт, болгону судьялардын жүрүм-турумуна, соттук отурумдарда мыйзамдар канчалык сакталганына көңүл бурат:

- Тартип комиссиясы соттордун чечимине баа бере албайт. Ага жогорку тепкичтеги соттор баа берет. Эгер чечимдерде процессуалдык мыйзам бузуулар болсо, биз ошолорду карайбыз. Соттун жүрүм-турумун, этика кодексинин сакталган-сакталбаганын же мисалы ишти адвокаты жок карап салса, ушуларга көңүл бурабыз. Биз ушул иштер боюнча өз чечимибизди чыгарып беребиз.

Саясатчылардын сот ишиндеги чечимдер

7-февралда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча өз чечимин чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Салянованын тарапкерлери жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ишти караган судьялардын жүрүм-турумуна ичи чыкпай, сот чечиминин адилеттүүлүгүнөн күмөн санашууда.

Сотко катышкан Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова “соттордун жүрүм-турумдары” боюнча Тартип комиссиясына кайрылышарын билдирди:

- Салянованын ишин караган соттор коллегиясы боюнча атайын дисциплинардык комиссияга кайрылабыз. Анын арты менен жаңы түзүлгөн дисциплинардык комиссия кандай иштей турганын көрүшүбүз керек.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. Сот чечимине ылайык, эми эл өкүлү депутаттык мандатынан ажырайт.

Президенттин сыны

Өткөн жумада Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч түзүмдөрүнүн иши, анын ичинде соттордун чечимдери катуу сынга кабылган. Президент Сооронбай Жээнбеков соттор мыйзамсыз чечим чыгарат деп зекиген:

- Шайланган президент катары соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш кылган кылмышкерлерди бошотуп жатса, мыйзамды бузуп жатса, жарандардын укуктарын тебелеп жатса - эмне үчүн карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин кайсы жерден мамлекеттик органдар адам укугун тебелеген болсо, элге, мамлекетке зыян келтирип жаткан болсо - мен анда президент катары бардык маселеге кийлигишем.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 2016-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституциядагы өзгөртүүгө ылайык былтыр түзүлгөн жана ал көз карандысыз мекеме. Ага чейинки соттордун ишин караган Тартип комиссиясы 14 адамдан туруп, судьялардын өзүнөн гана куралчу.

"Соттор бийликтен көз каранды бойдон калууда"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова тогуз адамдан турган жаңы Тартип комиссиясы мурдагыдай эле бийликтен көз каранды деген ойдо:

- Тартип комиссиясынын курамы абдан саясатташып кетти. Эл аралык стандарттар боюнча ал соттордон жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралышы керек. Буга чейин саясий күрөштө соттордун баары курал болуп калды деп айтып жатпайбызбы. Тартип комиссиясынын азыркы курамында алты кишинин үчөөн президент, үчөөн Жогорку Кеңеш дайындап жатат. Эгер Атамбаевдин убагындагыдай президент Жогорку Кеңешти өзүнө көз каранды кылып кармап тура турган болсо, Тартип комиссиясы жалаң гана президентке жаккан чечимдерди чыгарып калышат. Анткени сот системасынын үч өкүлү ансыз деле башын көтөрө албайт. Экинчиден, ишти жаман карады, моралдык жактан ээлеген кызматына туура келбейт же мыйзамдарды бузду деп райондук соттун төрагасы райондогу бардык судьялардын үстүнөн арыздана алат. Ал эми облустук соттук төрагасы облустагы бардык судьялардын үстүнөн кайрылса болот. Жогорку соттун төрагасы болсо, Кыргызстандагы бардык соттор боюнча жаза алат. Төрагалар болсо, жалаң гана бийликтин айтканын кылат да. Ошондо соттордун саясий жагынан да көз карандылыгы күчөтүлүп жатпайбы.

Кыргызстанда сот эң коррупциялашкан тармактардын бири катары эсептелет. Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков элдин 90 пайызы сотторго ишенбейт деп парламентте айтып чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Зулушев: Соттор саясий чечим чыгарбасын

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев сот реформасын жаңы этап менен кайра баштоо зарылдыгын белгилеп, соттор адилеттиктен тайып кеткенин, адам укуктары тепселенип жатканына токтолду.

"Азаттык": Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттеги коррупциянын тамырлашып кеткенин баса белгилеп, аны менен катар сотторго, сот реформасына өзгөчө көңүл бурду. Сот системасынан чыккан адис катары бул сөздөр сиздин намысыңызга тийген жокпу?

Курманкул Зулушев: Президенттин Коопсуздук кеңешиндеги сөзү, доклады мени аябай канааттандырды. Сот реформасындагы, жалпы эле укук коргоо системасындагы көйгөйдү ичинен билген адам катары так жана даана айтты.

Сот реформасы бүгүнкү күндө жаңы этап менен башталып, кайра аягына чыгыш керек. Соттун чечимдеринин, кылмыш иштери боюнча өкүмдөрүнүн, ал жерде соттук иштердин кыскаргандыгы, өкүм чыкпай калгандыгы тууралуу баяндамада айтылгандар мага жакты.

Бийлик ишенген сот реформасы

Бийлик ишенген сот реформасы

Кыргызстанда сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылууда.

"Азаттык": Былтыр июнь айында президент Алмазбек Атамбаев сот реформасынын беш жылдыгына арналган жыйында "Кыргызстанда сот реформасы абдан ийгиликтүү жүрдү, биз соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгүн жаңыладык, материалдык техникалык базасын да чыңдадык, биздин соттор башкача иш алып бара баштады” деген эле. Бир нече айдан кийин азыркы президенттин сот системасына берген баасын сиз кандай кабылдадыңыз?

Курманкул Зулушев: Муну эки түшүнүк менен караш керек. Биринчиден, мурдагы президенттин айтканы боюнча сотко, укук коргоо органдарына тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды, ошол реформага ылайык жети-сегиз кодекс кабыл алынды, соттор 100% алмашты. Бул реформанын биринчи кадамы.

Бирок эми экинчи кадамды алып карасак, ошол алмашкан соттор бүгүн кандай иштеп атат? Жаңы шайланганда алар жакшы иштегендей көрүнгөн. Бирок бүгүнкү абал, бүгүнкү сот процесстери, бүгүнкү чечимдер Сооронбай Шариповичтин кайрылуусунда даана, так көрсөтүлдү. Негизинен кемчиликтер аябай көп.

"Азаттык": Соттор саны жагынан жаңыланды, бирок сапаты жагынан адистик деңгээли жогорулап, мыйзам үстөмдүүлүгү сакталбаптыр дегенди билдиреби?

Курманкул Зулушев: Сакталбады, начарлап кетти. Реформа бул жакшы ниет менен кадр алмаштыруу, жакшы ниет менен кодекстерди алмаштыруу аракети болду. Бирок сот реформасы кадр алмашуу менен гана аягына чыкпайт да. Ошол тандалып алынган кадрлар бүгүнкү күндө сот системасынын аброюн түшүрүп койду. Себеби мыйзамдарды колдонууда кайчы практикалар кездешип, адамдардын укугу тебеленип жатат. Бүгүн сот системасына нааразылык абдан күчөдү. Чындап башынан карап, керек болсо ар бир соттун чыгарган чечимдеринен бери тактай турган мезгил талабы болуп калды окшойт.

"Азаттык": Эл аралык уюмдар "Кыргызстандын соттору бийликтин куралы болуп жатат, саясий чечимдерди чыгарган учурлар кездешет. Соттун көз карандысыздыгы деген принцип бузулуп, сот акыйкаттыгы жоголуп баратат” деп коңгуроо кагып, коркунуч катары белгилеп жатышат.

Курманкул Зулушев: Акыркы убактагы саясий жана башка иштер боюнча айтсак, сот болуп мурда иштегендиктен, иш менен таанышпай, толук чоо-жайын билбей туруп бир жактуу баа бере албайм. Бирок негизинен үстүртөн баа берсек, чындап соттор бүгүн адилеттүүлүктөн тайып кетти. Саясий чечим, саясий өкүм деген сотто болбош керек. Сотто бир гана мыйзам үстөмдүгү, мыйзамдуу чечим, мыйзамдуу өкүм деген түшүнүк бар. Сот адилеттүүлүгү ошондо жүзөгө ашат, адамдардын укугу корголот жана сотко эл ишенет. Мен дагы мыйзам үстөмдүүлүгүнүн орнотулушун каалайм. Эгер сот мыйзамсыз чечим кабыл алса жазалашыбыз керек. Ошондо бул токтосо керек. Негизи мамлекетте адилеттүү, көз карандысыз сот болмоюнча адам укугу да корголбойт, мамлекет өзү да экономикалык жактан өнүкпөйт.

"Азаттык": Мына сиз бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутатысыз. Парламент мамлекетте мыйзамдардын аткарылышын, адам укуктарынын урматталышына, фундаменталдык баалуулуктардын сакталышына көз сала турган күчтүү институт. Бүгүн силер өз милдетиңерди так аткарып жатасыңарбы?

Курманкул Зулушев: Албетте, кандайдыр бир деңгээлде аткарып жатабыз. Бирок толук канааттандырарлык аткара албай жаткандай сезилет. Себеби, биз мыйзам кабыл алгандан сырткары, сиз өзүңүз айткандай, бүгүн парламент ошонун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдөн аксап турат.

"Азаттык": Курманкул мырза, мен сизден мурдагы сот, юрист катары сурайын деп турам. Президент Коопсуздук кеңешинде өлкөдөгү бир катар белдүү мекемелердин ишин сындады. Башкы прокуратураны, Улуттук коопсуздук кызматын, Коррупцияга каршы кызматтарды атады. Негиздүү фактыларды келтирип, сындагандан кийин ошол кызматтардын жетекчилеринин жоопкерчилиги кандай болот? Алардан кандай жооп күтсөк болот?

Курманкул Зулушев: Албетте, президент кечээ өз сөзүндө укук коргоо жана сот органдары боюнча так маалыматтарды берди. Аталган мекемелердин жетекчилери да жыйынга катышты. Алар өздөрү да ойлонуп жатышса керек. Жарым жыл мөөнөт бербедиби, ошол убакыт ичинде өз иштерин оңдойт же болбосо өздөрү чечим кабыл алышат.

Негизинен президент бир-эки эң көйгөйлүү маселени көтөрбөдүбү. Бизде жарандык келишим милдеттенмелери деп коет, эгерде расмий келишим же жарандык жактардын ортосунда келишим болсо, бул жерде кылмыш ишин козгоого болбойт. Аны жарандык сот чечиши зарыл. Бизде ошону “алдамчылык" деп иш козгоп, адамдардын, ишкерлердин укугу тебеленип атат, ушул жагдайды президент абдан негиздүү айтты.

Анан Улуттук коопсуздук кызматы, Коррупцияга каршы кызмат жана Финансы полициясы, Башкы прокуратура боюнча айткандары чындыгында даана, так болду. Бул боюнча чечим кабыл алынышы керек. Биз президенттин айткандары боюнча жылсак, коррупцияны бир-эки кадамга ооздуктайт элек. Албетте, эгер ошол жетекчилердин эрки жетсе.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Парламентти таратууга кимдер кызыкдар?

парламент

Саясий чөйрөдө Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарар-таркабасы тууралуу сөздөр кызыды.

КСДП өз катарын тазалайбы?

Бийликке ыктаган айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кийинки парламенттик шайлоого бара турган партиялардын чарк-чамасы, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тазаланышы, жаңы тизмеси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кийинки кадамдары тууралуу божомолдорду байма-бай жаза баштады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин саясатка аралашпай турганын айтып келген. Кыргызстандын саясий турмушундагы башкы бүйүр кызыткан окуя болгон КСДПнын курултайынын өтө турган мөөнөтү бир канча жолу алмашты.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөнов жыйын болжол менен эми апрелге белгиленгенин "Азаттыкка" билдирди.

Ал "Алмазбек Атамбаев партиянын жаңы тизмесин түзүп жатат" деген сөздөрдү төгүндөдү.

КСДПнын желеги
КСДПнын желеги

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков 12-февралда "Азаттык" менен болгон маегинде курултайдын апрель айына белгиленгенин ырастады. Ал башкаруучу партияны тазалоо маселесине токтолду: ​

- Өткөн апталарда Алмазбек Атамбаев экөөбүз жолукканбыз. Ал киши курултай боюнча пикирин айтты. Ушул апрель айында деп турабыз. Албетте, мен партиянын тазаланышы тууралуу көп эле сөздөрдү угуп жатам. Партия өзүн көз карашы, позициясы бар, Кыргызстанда жалпы социал-демократиялык принциптерди туу туткан адамдардан тазалайбы же өз пикирин айтпай, ээрчиме болгон кошоматчылардан, ууру-кескилерден тазалайбы - маселе ушунда. Биздин партия чындап эле бүгүнкү күндө саясий партиялардын флагманы, соңку алты-жети жылдан бери Кыргызстандын мамлекет катары өнүгүшүнө салым кошуп келаткан партия катары сөзсүз түрдө сын көз менен карап турушу керек.

Турсунбеков: Атамбаевге жолуктум...
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:11 0:00

Парламенттин тагдыры...

Соңку учурда бийликчил же бийликке ыктаган айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарашы тууралуу макалалар байма-бай жарыялана баштады. Анда "КСДПдан башка күчтүү партия калган жок" деген мазмундагы пикирлер басымдуу.

Бирок парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок экенин билдирди:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Парламентти таратуунун үч гана жолу бар. Биринчиси - эгер парламент башкаруучу коалицияны төрт жолу курай албай калса. Менимче, бул жол өтө татаал, себеби Конституцияга кирген жаңы нормалар боюнча коалициядан чыгуунун жол-жобосу татаалдашкан. Башкача айтканда, "үчтөн эки добуш менен, ар биринин колу менен чыгат" деген норма бар. Экинчи жол - эгер Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөсө, президент же өкмөттү, же парламентти таркатканга укугу бар. Азыркы өкмөттү парламент да, президент да колдоп жатат. Мындайча айтканда, парламент менен өкмөттүн ортосунда карама-каршылык жок. "Кырк кадам программасы", "Жаңы доор" боюнча конструктивдүү ойлорду, оппозиция болобу, позициябы, колдоп жатат. Албетте, анча-мынча чарбалык-экономикалык маселелер жок эмес. Ал ар дайым болгон жана мындан ары да боло берет. Үчүнчү жол - бул парламенттин өзүн өзү таркатышы. Үчтөн эки же 80 добуш менен мыйзамдуу кабыл алынат. Анын да жол-жобосу жазылган. Ушул үч жолго тең бүгүнкү күндө негиз жок.

"Азаттык" өлкөнүн саясий турмушундагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ролу тууралуу Мирлан Бакировдун пикирине кызыкты.

- Алмазбек Атамбаев өз милдетин аткарып, конституциялык мөөнөтүн аяктады. Бир топ маанилүү маселелерге өз салымын кошту. Азыр аттын тери кургай электе айтылган "шайлоого катышып, шайлоо менен келет", "өкмөт башчы же дагы башка мамлекеттик кызматка барат" деген сөздөрдүн баары божомол деңгээлинде. Ал киши өз миссиясын аткаргандан кийин Кыргызстандын абройлуу эк-президенти катары өзүнүн акыл-насаатын айтып, ошол эле партиянын ички саясатын жүргүзүп, келерки шайлоого даярдык көрөт деген ойдомун.

"Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун өтүшү кимге керек?" деген суроого "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев да жооп берди. Анын баамында, бул парламентке илинбей калган оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга, күчтөргө жакшы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал. Депутат бийлик кааласа, Жогорку Кеңеш өзүн өзү тараткыдай жол таба аларын да кыйытты:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Эгер парламент тараса, албетте, оппозицияга жакшы болмок. Канчалаган күчтүү оппозиционерлер Жогорку Кеңешке келе албай жүрөт. Ал эми бийлик "тил алчаак", башын жерге салып, айтканындай кол көтөргөн, баарын өткөрүп берип турган парламентти таппаса керек. Ушундай деп эл баасын берип койду. Мүмкүн парламент тарап, жаңы шайлоо болсо күчтүүрөк оппозициячыл күчтөр келмек. Анткени соңку кездери куугунтуктун айынан Бабанов мандатын тапшырып кетти. Ошондуктан "парламентте оппозиция өтө алсыз болуп калды" дегенге мен кошулам. "Атамбаев азыр партияны жаңыртып туруп парламентке келгиси келип жатат" деп айтып жатпайбы, бул бир эле Атамбаевге эмес, көчөдөгү оппозицияга да керек. Оппозиция дагы күчтөнүп, биригип бир партия болуп келгенге мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Азыр карасаңар, "Ата Мекен" өзүнчө бир бурчта калды. "Республика - Ата-Журт" лидерсиз турат. "Өнүгүү-Прогресстин" деле түрүн көрдүңөр. Парламенттин таркашы 120 депутаттын колунда. Өткөндө бир талаш болуп кеткенде мен "депутаттар эч качан өзүн өзү таркатууга барбайт, кол көтөрбөйт" десем, мага "эски-жаңы президенттер "жаңы тизмеге киргизебиз десе, 80 депутат дароо колун көтөрөт" деп айтышты. Бул толук мүмкүн. Анткени Бабановду кетирерде эки сааттын ичинде күч менен кол койдурганын билебиз. Андай да болушу мүмкүн.

КСДП алгач курултайга январь айында чогулары маалымдалган. Кийинчерээк жыйын февралга которулганы айтылган. Саясат таануучу Эмилбек Жороев курултайдын мөөнөтү бир канча жолу которулганын партиянын ички маселелери менен байланыштырды:

Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

- Негизинен КСДП саясий жактан да, административдик жактан да үстөмдүк кылган, шайлоодо жеңе турган дарамети чоң партия болуп калды. Аларга атаандаша турган "Республика - Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресске" окшогон партиялар алсырап, моралдык жактан жабыркап турган кези.

Партиянын курултайынын кечеңдеп жатканынын себеби - ички келишпестиктер болушу мүмкүн. Себеби, саясаттын табигый мыйзамы ушундай. Качан гана бир адам же топ өтө күчтүү үстөмдүк кыла баштаганда анын айланасында ич ара ар кандай талаш-тартыш көбүрөөк боло баштайт. Бул биринчи кезекте жаңы президенттин шайланышы. Анын тарапташтары, биз билип-билбеген командасы бар. Президент менен премьер-министрдин, парламент менен президенттин мамилелеринде ар кандай кыйынчылыктар жаралганда, партиянын ичинде да ар кандай көз караштар жаралышы ыктымал. Эгер курултай натыйжалуу болсун дешсе - анда бир ооздон сүйлөп, бир жеңден кол чыгарып бир бүтүмгө келүү керек. Эгер ошондой макулдашууга, бүтүмгө жетпей турган болсо - курултайды кийинкиге калтырганы туура эле.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы алты партиядан куралган. Анда КСДП фракциясына 38 мандат тийген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

​​Айылдаштарына кол сунган ишкер айым

​​Айылдаштарына кол сунган ишкер айым
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Айылдан байыгандар шаарга көчүп келеби?

Айылдан байыгандар шаарга көчүп келеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

"Акылдуу шаар": Курганы "Хуавей", үйрөткөнү Дубай

Бишкек шаары.

Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоору Дубай шаарынын технологиялык үлгүсүндө ишке ашырылышы мүмкүн.

Бул багытта өкмөт башчысы Сапар Исаков Бириккен Араб Эмирлигиндеги иш сапарынын алкагында Дубайдын коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөөчү санариптик системасы менен таанышып чыгып, кыргызстандык адистерди окутуу боюнча эки тараптуу макулдашууга жетишилди.

Бир катар талдоочулар премьер-министрдин бул кадамын көптөн бери козголбой турган долбоорду ордунан жылдыруу катары карашса, кээ бирлери айрым бир жагдайлардан улам анын ийгиликтүү ишке ашарынан күмөн санашарын айтышты.

Адистерди даярдоого кадам

Бишкек, Ош шаарларында жана негизги магистралдык жолдордо видео байкоо менен катар жол эрежеси бузулган учурларды каттоо тутуму жакында ишке кирише турганы белгилүү болду. Бул тууралуу билдирген өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов премьер-министр иш сапарынын алкагында Дубайдын "Акылдуу шаар" тутуму менен таанышып, тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди.

Чыңгыз Эсенгулов анда атайын адистерди окутуу маселеси чечилгенин белгиледи:

- "Хуавей" компаниясы менен кол коюлган келишимдин негизинде эле бул долбоор ишке ашырылат. Анан Дубайдын бул тармактагы алдыңкы тажрыйбасы менен таанышып, аны үйрөнүү жана бизде колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн жакшы жыйынтык болду десек болот. Алардын "Акылдуу Дубай" деген санариптик долбоору ийгиликтүү иштеп жаткан экен. Биз ошол жактын иш тажрыйбасын үйрөнүш үчүн биздин адистерди Дубайга алып барып окутуу жана алардын адистерин Кыргызстанга алып келип, окутуу уюштуруу боюнча макулдашуу болду. Ошондой эле Дубайдын полиция академиясы менен биздин ИИМ академиясынын ортосунда да өз ара кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр боло турган болду.

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

Акыркы айларда Кыргызстанда жолдо катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени чоң көйгөйгө айланууда.

Кыргызстандын өкмөтү 11-январда көптөн бери ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоорун "Акылдуу шаар" деп өзгөртүп, аны жүзөгө ашырыш үчүн түз инвестициялык макулдашуунун негизинде кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге кол койгон болчу. Бийлик автоматташтырылган санариптик тутумдун негизинде жол эрежеси бузулган учурларды каттап, бул видео байкагычтардын жардамы менен кылмыштуулукту азайтууну көздөйт. Бул инвестициялык долбоордун наркы 60 миллион доллар.

Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова окутуу жагы чечилсе, анда неге 9 миллион доллар окутуу үчүн башка бир компанияга которулуп жатканына таң калды.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Буга ишениш абдан кыйын. Анткени бул долбоор башталганда эле тендерсиз компанияны тандап, "ээрге кыйшык" отуруп алышты. Анткени бул долбоорду ишке ашырууга "Хуавей" тандалып, анан IT технологияга окутуу үчүн 9 миллион доллар башка бир ортомчу компанияга бөлүнүп жатат. Бул аз акча эмес. Эч качан ошондой тармакта окутуу жүргүзбөгөн компанияга берип жатышканы чоң шек жаратат. Бул Жылуулук электр борборун оңдоо-түздөө боюнча долбоордогу кыңыр ишке окшоп турат. Эми аягына чейин күтөлүчү?

Долбоорго артылган үмүт

Дубайдын полиция башчысы Абдулл Халиф ал-Марри премьер-министр Сапар Исаковго шаардагы 8 миң камеранын жардамы менен иштеген башкаруу борборун, шаардын көчөлөрүндөгү абалды көзөмөлдөө боюнча башка жандоочтук жана көчмө түзмөктөрдүн иштешин көргөздү. Бул техникалык түзмөктөр мыйзам бузулган учурларды автоматтык түрдө ачып, адамдардын жүзүн аныктай ала турганы айтылды. Мындан тышкары, Дубайда шектүү жагдайлар байкалса же адам өзү коркунучка кабылса "Dubai Polis" чөнтөк тиркемеси аркылуу полицияга кайрыла алат.

Коопсуздук боюнча эксперт Улан Жумаков бул багытта Дубайдын тажрыйбасын үйрөнүү абдан маанилүү экенин белгиледи:

Улан Жумаков.
Улан Жумаков.

- "Акылдуу шаар" долбоору ишке кирсе, ички иштер органдары, мэриялар, акимчиликтер иштей баштайт. Анткени бул алдыңкы технология алдаганга жол бербейт. Ошондой эле шаардагы коопсуздукту чыңдоого көмөк көрсөтүп, кылмыштуулук азаят. Бул багытта Дубайдын тажрыйбасын үйрөнүү чынында абдан маанилүү. Себеби ал жакта "Акылдуу шаар" долбоору алдыңкы технологияны жана жасалма интеллектти колдонуу менен ишке ашырылган. Ал жактан адистер келип, биздин адистерди окутса, анан камераларды коюп, тиешелүү жабдууларды орнотсо эле, мыйзам бузуу учурлары каттоого алына баштайт. Анан камерага түшүп калган мыйзам бузуучуларды аныктап таап, жазага тартуу бир топ оңой болуп калат. Анда шаарларыбыз бир топ тартипке келе баштайт эле. Бул абдан мыкты тажрыйба. Премьер-министр өзү киришкен соң демек бул долбоор толугу менен ишке ашат деген ишенич бар.

Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-Ош жана Бишкек-"Манас" аэропорту жолдорунун боюна видеокамералар орнотулмакчы.

Премьер-министр Сапар Исаков коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөчү алдыңкы технологияларды колдонуу коопсуздукту чыңдап, коррупциялык көрүнүштөрдү азайта турганын билдирген. Буга чейин "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынактар өтүп, бирок аны ишке ашыруу аягына чыкпай, улам үзгүлтүккө учурап келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Данисте: конуштагы араңжан турмуш

Данисте: конуштагы араңжан турмуш
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:45 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG