Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:53

Кыргызстан

Оту күйүшпөй ажырашкандар көбөйдү

Оту күйүшпөй ажырашкандар көбөйдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:53 0:00

Байсалов: ЖЭБ боюнча жоопкерчиликти Атамбаев алышы керек

Эдил Байсалов.

Бишкек жылуулук борборундагы авария үчүн анын директору убактылуу иштен алынды. Премьер-министр Сапар Исаков парламентте сүйлөп жатып "бардык жоопкерчиликти өз мойнума алам" деген. Ушундан улам коомчулукта саясий жоопкерчилик тууралуу маселе көтөрүлүп жатат. Буга байланыштуу коомдук ишмер Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Эдил мырза, ЖЭБдеги кырсык, деги эле энергетика тармагындагы азыркы кризис үчүн саясий жоопкерчиликти ким алышы керек эле? Же баары үчүн жалгыз директор күнөөлүү болуп калабы?

Байсалов: Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү калп болуп чыкты. Анткени ал өзүнүн негизги жетишкендиги катары "энергетикалык көз каранды эместикке жеттик, эч качан мурункудай үшүп-тоңбойбуз" деп айтканын баарыбыз 30-августтагы тасмадан да көрүп турабыз. Негизги саясий жоопкерчилик - мурунку президентибиздин командасында. ЖЭБдеги авария - көзгө көрүнгөн алгачкы эле көйгөй. Болбосо мен медицина же билим берүү тармагындагы маселелерди айткан жокмун. Бишкектиктердин тоңуп калганынын себеби - миллиондогон акча сарпталганына карабай, мештердин эски бойдон талкаланып калганында. Ленинград курчоого алынганда да мындай көрүнүш болгон эмес. Керек болсо согуш учурунда да мештер бүтүн болчу.

“Азаттык”: Премьер-министр Сапар Исаков парламентте сүйлөп жатып, "бардык жоопкерчиликти өз мойнума алам" деди. Бирок айрым депутаттар өкмөттүн кетишин талап кылышты. Бул азыркы кырдаалда канчалык жүйөлүү?

Байсалов: Саясий жоопкерчиликти Атамбаев жана атамбаевчилер алышы керек.​ Азыркыдай ыйгарым укук бир да өкмөткө берилген эмес. Кээ бирөөлөр "жаш өкмөттү иштетпей жатасыңар" дейт. Ким тоскоол болуп жатат? Тескерисинче, толук шарттар түзүлгөн. Сариев менен Сатыбалдиевди мындай кой, Апас Жумагуловдо да мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бардык күч органдары колунда турат. Беш ай өттү, иштебейби? Эгер Жумагуловдун убагында Бишкек тоңуп калса дароо иштен алынмак же өзү эле кетмек. Ооз жүзүндө эле "иштейбиз, кыйратабыз" деп келе жатат. Болбосо Сапар Исаков он жылдан бери 7-кабаттан түшпөй келатат. Кана, кыйратканы? Буга чейинки Атамбаевдин чечимдерин, келишимдерин даярдаган Сапар Исаков болгон да.

Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

“Азаттык”: Ооба, болоору болду. Мындан ары эмне кылыш керек? ЖЭБдеги жагдай кийинкибизге сабак боло алабы?

Байсалов: Сооронбай Жээнбековдун азыркы милдети - элибизди жетектөө. Ал тарыхый жоопкерчилигин аткарышы үчүн кандайдыр убакыт керек. Азыркы өкмөттү Жээнбековдун өкмөтү деп айтууга болбойт. Керек болсо Жогорку Кеңештин же КСДПнын өкмөтү эмес. Айбек Калиев, Новиков кирген өкмөт - мурдагы президент Атамбаевдин өкмөтү. Мунун бардыгы Атамбаевдин калдыктары. Азыркы учурда мурунку президенттин саясий кудуретсиздигине ишенип, жаңы өкмөт курап, жаңы саясий кырдаал түзүлүшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ: жамаат жетекчисин коргоду

Бишкек жылуулук электр борбору.

Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кырсыктын себебин иликтеген тергөө аягына чыкканга чейин кызматынан четтетилди.

Бирок ЖЭБдин эмгек жамаатынын айрым өкүлдөрү күнөөнүн баарын кызматынан четтеген жетекчиге жана персоналга оодаруу адилетсиз болорун айтып чыгышты. Алардын айтымында, Нурлан Өмүркул уулу кырсык катталган учурдан тартып жумушчулардын арасында болуп, от казандарынын басымын түшүрүү жөнүндө чечимди жеке өзү кабыл алып, иштеп жаткан персоналдын коопсуздугун камсыз кылган. Алардын айтымында, буу казандарындагы ысык суунун басымын азайтуу менен жарылуу коркунучунун алдын алууга мүмкүн болгон.

"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Узак Кадырбаев Бишкек жылуулук электр борборунун эмгек жамааты менен жолугуп, анда тергөө бүткүчө борбордун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматынан четтетилгенин жарыялады.

Нурлан Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу.

"Апааттын алдын алуу"

Бишкек жылуулук электр борборунун бир катар кызматкерлери Нурлан Өмүркул уулу чоң кырсыктын алдын алууга аракет кылган жагдайларды мисал келтирип, аны бул үчүн жазалоо адилетсиздик болорун айтып чыгышты. Бишкек ЖЭБинин автобазасынын башчысы Сергей Бочко директор буу казандарынын жарылуусунун алдын алганын белгилеп, болбосо анын кесепеттери кейиштүү болмок деген пикирин айтты.

- Кыйчалыш кырдаал маалында биз баарыбыз ошол жакта болчубуз. Кырсыктын себептерин албетте, комиссия аныктайт. Бирок бул жерде белгилеп койчу орчундуу маселе бар. Биздин директор кызматкерлердин арасында дүрбөлөңгө жол берген жок. Андагы жумушчулар дүрбөлөңгө түшүп калганда ал киши кырдаалды өз колуна алды. Азыр бардык текшерүүчүлөр аны күнөөлөп жатышат. Бирок буу казандарындагы ысык суунун деңгээли ашып кетсе анда кырдаал көзөмөлдөн чыгып, чоң жарылуу болушу ыктымал эле. Өтө чоң жарылуудан имараттын дубалдары туш тарапка чачырап, адам курмандыктарына алып келген апаат болушу мүмкүн эле. Ал эми шаар болсо бир нече ай бою эч нерсеси жок калмак.

Буга чейин Башкы прокуратура ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Премьер-министр Сапар Исаков "Электр станциялары" ишканасынын биринчи орун басары Бердибек Боркоев менен Бишкек ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун кызмат орду жөнүндө маселени карап чыгууну тапшырган.

Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Жоопкерчиликти алдын-ала аныктоонун учуру

Парламент депутаты Махабат Мавлянова бул иш боюнча айрым гана жооптуу адамдар кызматынан алынып жатканын айтып, эмненин негизинде ошондой чечим кабыл алынганын парламентте сураган болчу:

- Ал эки жетекчини кайсы негизде кызматтан бошотууга сунуш киргиздиңиз? Ага негиз болчу кандайдыр жагдайлар анык болдубу? Иликтөө азырынча баштала элек да. Анан эмненин негизинде ошондой чара көрүп жатасыздар? Мүмкүн ал жетекчилердин деги эле күнөөсү жоктур? Иликтөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле аларды кызматтан бошотуп жатасыздар. Бул жагдайды дагы караш керек.

Эки жетекчи эмнеге бошотулбашы керек?

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси менен "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басарын кызматынан алуу жөнүндө сунушу алдын-ала божомолдун негизинде киргизилгенин айткан. Исаков ошондой чечим кабыл алууга мажбур болгонун белгилеген эле:

- Бул менин принципиалдуу позициям. Бул эки адам эң биринчи кезекте кызматынан кетиши керек деген негизде сунуш киргиздим. Бишкек ЖЭБинде авария болуп жатса, анан ал борбордун башчысынын кантип күнөөсү болбосун? Мен ошону түшүнбөйм да. Анын себептерин мен алдын-ала божомолдордун негизинде айтып бердим. Биз бул адамдарды жөн эле жумуштан алып коюп, "болду" кылбайбыз. Тергөө иши жана иликтөө мунун баарын орду-ордуна келтирип, баарын тактап чыгышы керек. Иликтөөгө негиз бере турган бир эле мисал. 2-3 ай мурун эскертүү берилсе да насостор өз убагында алмаштырылган эмес.

Жогорку Кеңеш 31-январда ЖЭБдеги аварияны талкуулаган.
Жогорку Кеңеш 31-январда ЖЭБдеги аварияны талкуулаган.

Ал эми Бишкек ЖЭбинин айрым өкүлдөрү андагы кырсык жетекчиге жана эмгек жамаатына көз каранды болбогон жагдайлардан улам келип чыкканын белгилешти. Анткени борбордогу Кытай насыясына оңдолгон жаңы блокту тез арада ишке киргизүүгө тоскоол болгон бир топ маселелер өз учурунда чечилбей калганы айтылды.

Бишкек жылуулук электр борборунун кезмет бөлүмүнүн башчысы Калысбек Жаманкулов ал жагдай тууралуу мындай дейт:

- Кытай блогунун кубаттуулугу 150 Мегаватт. Анын буу казандарын толтуруш үчүн эле 200 тоннадай суу керек. Резервдик бактарга дагы 200 тонна суу керек. Жалпысынан эки блокту толтуруш үчүн эле 800 тоннадай суу керектелет. Тузу алынган суу ылдыйлаганда иштеген буу казандары өчүп калды. Бактардын баарын толтурганча эле бир топ убакыт кетмек. Ошол үчүн биз кичине буу казандарды иштете берүүнү эп көрдүк. Эгер аны иштетип кармап турбасак, сырттагы жылуулук тармагы тоңуп калмак. Биз эң эле аз зыян алып келе турган вариантты тандадык.

Күнөөлүүлөр кутулуп, күнөөсүздөр тутулбайбы?

Мындан тышкары, бир катар эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин иликтөөдө күнөөлүүлөрдү так аныктоо маселесин көтөрүшкөн. Анда борбордун ишин көзөмөлдөгөн жана жаңы блокту ишке берүүнү кечеңдеткендиги үчүн жылуулук электр борборунан тышкары "Электр станциялары" менен "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилеринин жоопкерчилигин бирдей кароо маселеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев башкаруудагы кетирилген кемчиликти таап чыгууну сунуш кылды:

- Бул ишке күнөөлүү адамдар четте калып, кылтыйып отуруп алып, күнөөсүз кызмат адамдары "чабылып" кетиши мүмкүн. Адатта дайыма күнөөсүз кызматкерлер жазаланып калат. Ошол жагын карашыбыз керек. Ким билет, ал жерде мүмкүн эки жаат болгондор бардыр? Бирин-бири көрө албай, бири экинчисине каршы кутум уюштурушу мүмкүн. Ошонун баарын иликтеп, адилет чечим чыгышы керек.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиевдин өз ыктыяры менен кызматтан бошотуу тууралуу арызын кабыл албай койгонун жарыялаган болчу. Премьер-министр калган жетекчилердин жоопкерчилиги иликтөөнүн жыйынтыгы менен аныктала турганын кошумчалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тогуз-Торо: алтын кенине каршы нааразылык

Макмал кени

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда айрым жергиликтүү тургундар тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы чыгышты.

Алар бул фабриканын мал-жанга, экологияга зыяны тиет деп эсептешет. "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын өкүлдөрү зыян тууралуу сөздөр негизсиз экенин айтууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эми маселени коомдук талкуу аркылуу чечүүгө камынып жатат. Алтын элеген фабриканы куруу иши былтыр башталган.

Тогуз-Торо айылында 1-февралда алтын чайкаган фабриканын курулушуна каршы, жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 150-200дөй адам чогулду. Ал эми уюштуруучулар келген элдин саны андан алда канча көп болгонун билдирүүдө. Анда "бизге фабрикадан мурда ден соолук керек" деген өңдүү ураандар айтылды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 7-февралда бардык тараптар катышкан кеңири жыйын өткөрүп, анда дооматтар талкууланарын убада кылгандан кийин чогулгандар тарап кетти.

"Бизге жаратылыш керек..."

Нааразылык акциясына чыккандардын бири Таалайбек Бакытбек уулу жергиликтүү эл "фабрика мал-жанга зыян алып келет, кесепети оор болот" деп чочулап жатканын айтып берди:

- Биз аягына чейин каршы турабыз. Анткени бизге зыяндуулугу тууралуу эч нерсе айтышкан эмес. Элди чогултуп, ошонун баарын айтып коюшса болмок. Ошон үчүн бул жакта "көтөрүлүш" болуп жатат. Бул фабриканы Кыргызстандын жети облусунда тең зыяндуу экенин билип, кубалашкандан кийин бизге келишкен. Кара-Балта, Таласка да сала баштаганда ал жактагы эл каршы чыгып салдырбай коюптур. Эгер зыяны тийбесе башка жактагылар кубалабайт эле да?

"Макмал" кенинин базасында тоо-кен байытуучу фабрика куруп жаткан "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясын кыргызстандык "Куранды девелопинг" компаниясы менен Ян Вэйхун аттуу кытайлык жеке ишкер түптөгөн.

Тогуз-Тородо өткөн митинг. 1-февраль, 2018-жыл

Тогуз-Тородогу митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Фабрика салуу былтыр башталган жана аны быйыл жайга чейин аягына чыгарып, ишке салуу каралып жаткан. Компаниянын башкы директору Максат Жээналиевдин айтымында, ишкананын элге зыяны тийбей турганын буга чейин бир канча жолу түшүндүрүшкөн:

- Технология боюнча биз ал жерде кен иштетпейбиз. Кенден чыккан байытылган концентрантты гана иштетебиз. Мисалы Иштамберди, Кайди, Орловкада "Алтын кен", "Кыргызалтындын" даярдап койгон концентранттарынан доре (70 пайыздан кем эмес алтын-күмүш куймалары) жасайбыз. Бул өзү эле айтып тургандай, таза технология болуп жатпайбы. Себеби, биринчи башка жерден иштетилип жатат. Азыр алтын кошулмалары чет өлкөгө кетип жатат. "Аны алып кетпей, Кыргызстанда эле калса, көп пайдасы тиет" деп 2010-жылдан бери өкмөт, депутаттар деле аракет кылып жүрүшөт. Ошондуктан ушул комбинат курулуп жатат. Мен өзүм тогузторолукмун. Бул деген - "Макмалдын өмүрүн узарталы" деген мекенчилдик сезим менен сунушталган долбоор.

Максат Жээналиев фабриканын курулушуна каршы чыккандардын артында өз кызыкчылыгын көздөгөн топ турат деп эсептейт.

- "Бул жерде "Макмал" комбинаты жоюлуп кетет экен, республика боюнча алтындан чыккан калдыктарды иштетет экен, биринчи компания ушуларды билип алып мындай фабрика курбай качып кетти" деген сыяктуу сөздөрдү чыгарышты. Үч уктаса түшкө кирбеген сөздөрдү айтып жатышат. Бул нерсени Макмалда ЗИФте иштеген балдар уюштурду. Анткени алардын өз кызыкчылыгы бар. Эми ошолор элдин түшүнбөгөн катмарына тыйын берип, ташыды деп айтып жатышат.

"Фабрика иштесин"

Бул маселе боюнча 7-февралда кайра жыйын өткөнү турат. Райондун акими Тилек Идирисов ага бардык тараптар чакырылганын билдирди:

- Биз мыйзамга ылайык, иш алып барабыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бар. Ошолордун баары өз корутундусун чыгарып, түшүндүрүп бериши керек. Адамга зыяны, кесепети тийбеши керек.

"Азаттык" Тогуз-Тородогу жагдай боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскуловго кайрылганда, ал маселе иликтенип жатканын билдирди:

- Мен муну кечээ Интернеттен окудум. Орун басарыма тапшырма бердим. Өзүм Жогорку Кеңеште жүрөм. Бул фабрика иштеши керек. Ал азыр ишке да кире элек, эч нерсеси баштала элек. Албетте, биз деле муну карайбыз, териштиребиз.

"Макмал" 1986-жылы ачылган жана учурда алтын дээрлик түгөндү. Кыргыз өкмөтү ишкананын өмүрүн дагы узартуу максатында бир канча жылдан бери ага инвестор тарта албай келет. Буга чейин ал үчүн кеминде 30 миллион доллар керек экени айтылган.

20 миңдей адам жашаган Тогуз-Торо районунун бюджетинин дээрлик 95 пайызын "Макмал" алтын комбинаты толтурат. Учурунда анда үч миңге жакын жумушчу иштеген жана айына 250 килограммга чейин алтын өндүрүп турган. Азыр болсо бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, 30-40 килограммга түшкөн.

"Азаттыктын" архиви: Бүгүнкү Макмал. 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Аймактык лобби: депутаттуу айыл ырыстуу

Соң-Көл, Нарын

Кыргыз бийлиги аймактар текши өнүкпөй, аларга бир кылка мамиле жасалбай жатканын сөз кыла баштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кийинки убакта аймактык лобби күчөп, мамлекеттин акчасы аткаминер, депутаттар көп чыккан аймактарга эле агылып жатканын эске салды. Ал бул багытта саясат өзгөрбөсө, айырмачылык дагы тереңдей турганын айтты.

Кыргызстанда 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бирок аны ишке ашыруунун планы, программасы бекий элек.

"Армандуу" Ак-Талаа...

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунан бир топ жылдан бери Жогорку Кеңешке депутат чыга элек. Акыркы жолу 90-жылдары Жогорку Кеңеш "легендарлуу парламент" деген ат менен таанылып турган учурда Жамин Акималиев депутат болгон. Акималиев ушу тушта Жогорку Кеңеште аймактык теңсиздик орноп калганына кейиди:

Жамин Акималиев. Архивдик сүрөт.
Жамин Акималиев. Архивдик сүрөт.

- "Легендарлуу парламент" иштеп жатканда мындай көрүнүш эч качан болгон эмес. Биринчиден, депутаттардын саны 350 киши болчу. Эң негизгиси, биз партиялардын атынан эмес, аймактын атынан шайланып келгенбиз. Кээ бир чоң, эли көп райондордо эки-үчтөн болгон. Бирок депутат чыкпаган кымындай да район калган эмес. Ошондон улам Ак-Талаадан мен депутат болгом. Кымындай Тогуз-Тородон Мойдунов деген депутат чыккан, ал райондун көйгөйүн тынбай айтып турганы эсимде. Ошонун негизинде бюджет туура бөлүштүрүлүп, баарына тегиз карачубуз. Себеби бизде "партияга көз карандылык" деген жок болчу. Элдин көзүн карап, жалпы Жогорку Кеңеш аябай калыс болчу, бири-бирибизди колдоп турчубуз. Эгер бирөө жутунуп жатса ошол жерден эле айтып, уяткарып койчубуз. Ошондуктан аймактарга текши каралбай жаткан маселени оңдош керек.

Нарын облусу былтыр жалпысынан 44 миллион сомдук дем берүүчү грант алган. Бирок анын бир сому да Ак-Талаа районуна тийген эмес. Райондун акими Семетей Черикбаев "мунун объективдүү жана субъективдүү себептери болгон" деп билдирди:

Мындай тенденция да бар. Бирок ушул эле себептен район артта калып калды деген бир аз туура эмес.

- Быйылкы 2018-жылга биз дем берүүчү грантка алты долбоор өткөрдүк. Былтыр болсо мурдагы жылкы сегиз объектибиз бүтпөй калганына байланыштуу албай калдык. Каржы министрлиги эски долбоорлор бүтмөйүнчө жаңысын бербейт. Ал негизи мыйзамдын чегинде эле болгон. Анын үстүнө былтыр он айыл өкмөттө шайлоо болуп, эски курам жаңыга алмашып жатканда дем берүүчү грантка чуркап, антип-минткиче 31-декабрда мөөнөтү бүтүп жетишпей калдык.

Ак-Талаа району географиялык жактан алыс жакта жайгашкандыктан, мисалы, жол куруу өңдүү чоң-чоң долбоорлор каралып жатканда "жалгыз кичинекей район үчүн ушунча миллиарддык жолду ошол жерден өткөрүү пайдалуу эмес" деп илинбей калган. Анан эгер ушул элден мисалы депутат чыкса, ал да эки эсе жоопкерчиликти алып, берген убадаларын эстеп чуркап, сүйрөп турат эле. Мындай тенденция да бар. Бирок ушул эле себептен район артта калды деген бир аз туура эмес.

"Өз көмөчүнө күл тартуу"

Аймактык лобби тууралуу куру сөздөр айтылбашы үчүн ушул жерден айрым сандарга токтолу. Маселен, 2016-жылдагы капиталдык салымдар боюнча өкмөт 220дан ашык долбоорду каржылаган. Мектеп, бала бакча, спорт жайлары өңдүү объектилердин салынышы боюнча Лейлек (9 объект), Кара-Суу (9), Өзгөн (9), Кара-Кулжа ( 8), Ноокат (7) Кочкор (8) райондору алдыга чыккан. Жогорку Кеңеште аталган региондордон депутаттар, аткаминерлер, бийликтеги таасирлүү адамдар көп экени белгилүү. Бул жылы Ак-Талаа районундагы бир дагы долбоор илинген эмес.

Бишкекте 23-январда "2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу топ алгачкы жыйынга чогулду. Анда президент Сооронбай Жээнбеков депутаттар, аткаминерлер "өз көмөчүнө күл тарткан" учурлар бар экенин, мунун кесепети оор болорун эскертти.

- Региондордун өнүгүшүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок. Аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк, айырмачылык андан ары тереңдей берет. Региондорду өз ара салыштырганда да, айырмачылык чоң бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат, бири өнүксө, бири каралбай калып калууда. Анткени күчтүүсү бюджеттик да, гранттык да, насыялык да каражатты тартып кетип жатат. Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүшү артта калды, - деди Жээнбеков.

Жээнбеков: Аймактык лобби күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Президенттин быйылкы жылды аймактарды өнүктүрүүгө арнаган жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топ кырктай адамдан турат. Бул топтун мүчөсү Акылбек Жапаров "аймактарга текши мамиле кылууга аракет көрүлөт" деп айтып берди:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Биз эки деңгээлдүү тепкичке өтүп кеткенден кийин бюджеттин дээрлик көпчүлүгүн ар бир адамга аткаминерлердин кийлигишүүсү жок түз жеткире алганга жетиштик. Бул Кыргызстандын башкы жетишкендиктеринин бири. Бирок бюджетте капиталдык салымдар өңдүү бир-эки берене бар. Ушул жерге депутаттардын көпчүлүгү катуу киришип кетет. Мына, Бишкекти алсак, элдин баары бул жакка келип жатат. Бирок бир тыңыраак оорукана, мектеп кура элекпиз. Бишкектен чыккан депутаттардын баары интеллигент, сылык-сыпаа болуп жүрүшөт. Региондордон келген депутаттар болсо "айылдан шаарга качып келе бердик" дегендей болуп, өз күнөөбүздү сезип, өз айылдарыбызга жан тартып жатабыз. Биз азыр ушулардын баарынан арылалы деген ниетибиз бар.

Аймактык лобби тууралуу "Азаттык" Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, Социал-демократтар фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбековдун пикирине кызыкты. Ал мындай маселе бар экенин мойнуна алды, бирок жагдай тартипке салынып келе жатат деген оюн айтты.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Мен муну 5-чакырылыштын учурунда көргөм. Акча булагына, бюджетке түздөн-түз тиешеси бар айрым кызмат адамдарынын таасири, жардамы менен бюджеттин акчасы калыс эмес бөлүнүп келгенине баарыбыз эле күбө болуп келатабыз. Мисалы, бир жерде балдар авариялык абалдагы мектепте эки кезмет менен окуп жатса, кайсы бир айылдарда бир канча көп кабаттуу мектептер курулду. Бирок ачык айтып коюш керек, улам барган сайын бул нерсе тартипке салынып, көзөмөл күчөп, бийлик бутактары бул иш туура эмес багытта баратканын көрүп, маселе көтөрө баштады.

Саясий шантаж, бийликчил партиянын лоббиси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев өкмөт мамлекеттин акчасын региондорго калыс бөлүштүрүү милдетин албай, мажирөө болуп жатканын сынга алды.

Ал депутаттар "саясий шантажга" өтүп алганына, партиялык лоббиге да токтолду:

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

- Өкмөт жалпы элдин өкмөтү болгондон кийин акчаны калыс бөлүштүрүү жагын колго алышы керек эле. Депутаттар аларды "силер биз айтканды жасабасаңар, эртең бизге келип отчет бергенде маселеңерди коюп коебуз, тагдырыңарды чечип коебуз" деп саясий соода менен шантаж кылат. Ошон үчүн көп учурда өкмөт баарына моюн сунуп келе жатат. Экинчиден, бул жерде партиялык лобби бар десек да болот. Себеби бала бакча, мектеп же кайсы бир объекттин ачылышы болбосун ошол жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эле эмес, бийликчил партиянын өкүлдөрүнүн көп барганын көрүп эле жүрөбүз. Чынын айтканда алардын тиешеси жок да. Бирок каражатты ошол бийликтеги партия бөлүп берип жаткандай, ошолордун амири менен болгондой элге жеткиргенге аракет кылышат. Бул туура эмес. Анткени республикалык бюджет ошол бийликчил партия чогултуп койгон акча эмес да. Ал деген Кыргызстандагы салык төлөөчүлөрдүн акчасы. Мындайды такыр жолотпош керек эле. Ошол жерге барганда бийликчил партиянын өкүлдөрүнө аким, айыл өкмөттөн мурда сөз берилип, ошолор биринчи сүйлөйт. Бул да туура эмес. Муну президент айткан аймактык лоббиге кошуп, бийликчил партиянын лоббиси деп койсо болот.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев тескерисинче, партиялык система ишке киргенден бери парламент мамлекеттин акчасын текши бөлүштүргөнгө аракет кылып жатат деп эсептейт:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Президент бир чети туура маселе көтөрдү. Буга чейин ошондой көрүнүштөр болуп келген. Партиялык системага өткөндөн кийин андай көрүнүштөр азайды. Бирок бюджет комитетинин төрагасы катары мен бюджетти тең, калыс караганга аракет кылам. Көп кайрылуу болот, ошолордун баарын кабыл алып, айыл өкмөтпү, айылдык кеңешпи, тургундарбы, баарынын маселесин чечкенге аракет кылып жаттым. Бирок президенттин "акимдерге мүмкүнчүлүк бериш керек" деген сунушун колдойт элем. Мурда акимдер шайланса, азыр Конституция боюнча дайындалып калбадыбы. Ошондой болгондон кийин каржылык мүмкүнчүлүк да беришибиз керек. Ошондо акимдер жоопкерчиликтүү болот. Мисалы азыр курулуш, таза суу маселесин республикадан чечип жатышат. Жоопкерчиликти эч ким албайт. Ошонун айынан сапатсыз курулуштар болуп жатат.

Анткен менен сөз болуп жаткан партиялык тизме шартында деле бир катар депутаттар бюджет бөлүштүрүүгө келгенде биринчи иретте өз аймагын ойлогон адаты калбаганы байкалат.

Аны Юстиция министрлигинин сайтындагы Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган № 131-VI токтомунан көрсө болот. Мисалы, тизмедеги өз аймагынын кызыкчылыгын коргогон депутаттардын арасында Кара-Кулжа районуна тиешелүү көп иш пландарын киргизген КСДПнын өкүлү Асылбек Жээнбеков да бар.

Жогорку Кеңештин токтомуна депутат Асылбек Жээнбеков киргизген сунуштар.
Жогорку Кеңештин токтомуна депутат Асылбек Жээнбеков киргизген сунуштар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров аймактардын өнүгүшүнө жергиликтүү бийлик өзү тоскоолдук жараткан көрүнүштөргө токтолду:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Кыргызстанда региондорду өнүктүрүү боюнча программалар иштеген эмес. Соңку 25 жылда мамлекетте мүмкүнчүлүк да болгон эмес. Азыр 460ка жакын айыл өкмөт болсо ошонун 386сы, башкача айтканда 70-80 пайызы дотацияда отуруп жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө борборлоштурулган каржылоо болуп жатат. Каражат республикада топтолгондуктан жанагындай, депутаты, чиновниги көп болгон аймактар тартып кеткен учурлар бар. Ошондуктан биз каржылоону борбордон оолактатууга алып келишибиз керек. Аймактардын проблемаларын ошол жакта чечкенге мүмкүнчүлүк түзүш керек. Анан азыр губернатор, акимдерге "канча инвестиция тарттың, кандай шарт түздүң, жумушчу орун түзүш үчүн эмне кылдың" деген суроо болбой жатат. Өкмөттө бул негизги көрсөткүчтөрдүн бири болушу керек эле. Ошондон улам биздин акимдер, губернаторлор инвесторлор барса "мага канча бересиң, менин үлүшүм канча, сен ишкана курат экенсиң, байыйт экенсиң, менин кызыкчылыгым эмнеде" деп отурганы ушундай болуп жатат. Президент "аймактарды өнүктүрүш керек" деп айтты. Бирок аны аткаруунун жолдорун айткан жок.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков жергиликтүү бийликке айтылган мындай дооматтарды четке какты:

"Инвестиция алып келем" дегендерге жолтоо болгондор жок. Кайрадан аларга шарт түзүүгө аракет кылып жатышат.

- 2018-жылга карата биздин эки айыл өкмөт дотациядан чыкты. Калган айылдарыбыз дагы эле мамлекеттин дотациясында турушат. Бюджети өзүнүн чыгымын жаппай жатат. Бардык эле жергиликтүү башкаруу органдары, аймактагы мекеме-уюмдардын жетекчилиги инвестиция тартууга, жумушчу орун түзүүгө умтулат. "Инвестиция алып келем" дегендерге жолтоо болгондор жок. Кайрадан аларга шарт түзүүгө аракет кылып жатышат. 2017-жылы 11 ишкана ачтык жана 178 туруктуу жумуш орду түзүлдү.

Үлүштүк гранттардын оош-кыйышы

Кыргыз өкмөтү аймактарды өнүктүрүү максатында бюджеттен дем берүүчү, тактап айтканда, үлүштүк гранттарды да берип келет. Мисалы 2017-жылга буга 500 миллион сом каралган. Жыйынтыгында баасы 370 миллион сомдон ашык 200дөн ашык долбоор каржыланган.

Бакыт Рыспаев өлкө жетекчилиги грант берүүдөгү коррупциялык айла-амалдардан арылышы керек деп эсептейт.

Коррупция, каражаттын текши бөлүштүрүлбөгөнү ушул Каржы министрлигинде жатат.

- Аймактарга каражатты калыс бөлүштүрүү максатында биринчи кезекте Каржы министрлигинин бюджет аралык башкармалыгын толугу менен кайра карап чыгыш керек. Себеби, дотацияда отурган айыл өкмөттөргө теңдештирүүчү гранттар берилет. Ошол гранттардын бардыгы калыс эмес бөлүштүрүлөрү айтылып эле келе жатат. Бул жерде бир формула бар. Аны Каржы министрлигинде иштегендердин көбү түшүнбөйт. Ошону түп-тамыры менен кайра карап чыгып, "кайсы айыл өкмөткө канча акча тиешелүү" деп акчаны калыс бөлүштүрүү зарыл. Азыр депутаттар "жергиликтүү бюджетке 11 эле пайыз бөлүнүп берилет, аны 20 кылыш керек" деп маселе көтөрүп жатышпайбы, бул туура. Мисалы, Каржы министрлигиндеги же тиешелүү адамдарга өкмөт өкүлдөрү же депутаттар чалып, өз айылдарына, региондоруна каражат бөлүштүрүп кеткени айтылып жүрөт. Андан тышкары, түрткү берүүчү гранттарды алуу сынактык негизде, аны утуп алуу кыйын. Анан министрликтен айыл, аймак башчыларына чыгып, "сага теңдештирүүчү грант боюнча сынактан утканга жардам беребиз, сен бизге кайра он пайызын бересиң" деген шарт коюшат. Каражаты жок, дотацияда отурган айыл өкмөт ошого барганга аргасыз. Анткени ал айыл аймагына бир нерсе жасашы керек. Эгер президент аймактарды өнүктүрүүнү тартипке келтирем деп чындап ниет кылса, анда бул тармакты түп-тамырынан бери карап чыгышы керек. Себеби коррупция, каражаттын текши бөлүштүрүлбөгөнү ушул Каржы министрлигинде жатат.

Каржы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мусаев "откат" тууралуу дооматтарды четке какты. Ал 2015-жылдан бери гранттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындык орноп калды деп билдирди:

- Мындай маалыматтар такталган эмес. Эгер болсо, иш козголуп, чара көрүлмөк. Негизи 2015-жылга чейин ушундай дооматтар айтылган да. Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы план, иш-чараларынын алкагында бул система толук өзгөртүлгөн. Ошондуктан артыкчылык райондорго берилип, автоматташтырылган система иштелип чыкты. Ал система быйыл ишке берилди. Мисалы, ал эки адамдын байланышына жол бербейт. Бизге баары порталга, электрондук форматта келет. Биз 2015-жылдан бери жаңы система менен иштеп жатабыз. Ыйгарым укуктарынын баарын региондорго бердик. Ошолор тандап жатпайбы, биз болсо жөн эле бекитип коебуз. Бул жерде эки комиссия бар. Биринчисин "тандоо комиссиясы" деп коет жана акимчиликтен, акимдин буйругу менен түзүлөт. Комиссиянын курамынын теңинен көбү жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралышы керек. Комиссиянын жетекчиси адатта акимдин орун басары же аким өзү болуп жүрөт. Мэрияда болсо мэрдин орун басарлары дайындалат. Комиссия регионго эмне керек экенин карайт. Бизде баа берүү системасы менен долбоордун баасын чыгарат. Негизи ар бир районго, республикалык маанидеги шаарларга жыл сайын квота бөлүнөт. Маселен, бир районго 12-13 миллион сом берилсе, ага төрт-беш-долбоор жазылат. Андан сырткары, запаста үч долбоор болушу керек. Долбоорду августтан 31-декабрга чейин берүү керек. Бизде атайын портал бар, ошол аркылуу каттоодон өткөрүп, арыз берет. Жергиликтүү комиссия карап чыгып, чечимин Каржы министрлигине жөнөтөт. Бул жакта "бекитүү комиссиясы" деп коет, анын да теңинен көбү жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралат. Документтер толукпу же толук эмеспи, биздин бөлүм карап чыгып, аны бекитүү комиссиясына жөнөтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүш үчүн узак мөөнөттүү программаларды кабыл алууну тапшырды. Ал өкмөттүн жер-жерлердеги өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү жана демилгелүү болууга чакырды. Бирок депутаттар "өз көмөчүнө күл тарткан" көрүнүштөрдөн арылыш керек экенин ачык сөз кылыша элек.

Кыргызстанда жети облус, 40 район, 453 айыл өкмөтү бар. Анын 84,3 пайызы (338 айыл өкмөт) дотацияда отурат. 2017-жылы дотацияда отурган аймактарга былтыр 2 миллиардга жакын сом берилген. Быйыл да ушунча суммадагы акча каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тогуз-Тородогу митинг

Тогуз-Тородогу митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Ош: айыл башчыны ачууланткан кызмат талаш

Алмаз Абдукаримов

Айыл тургундарын тилдеп жатканда видеого түшүп калган Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов окуяга түшүндүрмө берди.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовдун өз айылдаштары менен жаңжалдашып аткан видеосу Интернетке тарады. Видеодо сөгүш уккандар мыйзамсыз жер саткан жер адисинин үстүнөн арызданып кирип, айыл өкмөттөн кагуу жегенин билдиришкен. Ал эми айыл өкмөт башчы болсо жаңжал айыл башчылык кызмат талашуудан улам чыкканын билдирди.

"Эй, сүйлөбө! Сүйлөбө деп жатам сага!"

Орой диалог камтылган кыска видео Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын Интернет каарманы кылды.

Тасманын баш каарманы - айылда “Бойко” деген каймана ат менен таанымал айыл өкмөт Алмаз Абдукаримов. Видео айыл өкмөттүн иш бөлмөсүндө Төлөйкөн айылынын аксакалдары менен сүйлөшүү учурунан тартылган.

Айыл тургундарын кекетип жатканда видеого түшүп калган Алмаз Абдукаримов окуяны мындайча түшүндүрдү:

- Видеодогу сөздөр ушул кабинетте болгону ырас. Бирок видеону Интернетке тараткан авторлор жазгандай ал кишилер жер боюнча арызданып келген эмес. Өз кишисин "Төлөйкөн айылынын башчылыгына дайындап бер" деген талап коюшкан. Төлөйкөн айыл башчылыгына бир гана штат ачылган. Бирок 6 миңге жакын эл жашаган Төлөйкөн айылы өз ичинен жогорку жана ылдыйкы болуп экиге бөлүнөт. Мындан улам эки айылдан эки киши айыл башчылыкка айылдаштары тарабынан көрсөтүлгөн. Бири Нурматов, экинчиси сөз болуп аткан Ташмат Айбашев. Айбашев айыл башчы болуп, Нурматов ага жардамчы катары иштемек. Бирок ошол арада Айбашевдин дарегине айылдаштарынан арыз түштү. Ушундан улам айыл башчылыкка Нурматовду дайындап койгом. Видеодогу кишилер "Айбашевди да дайындайсың" деген талап коюшту. "Мен штат ача албайм. Кошумча штат ачууга арыз жазганбыз. Анын жообу мартта келет. Мартка чейин күтө тургула. Айбашев ошондо ишке алынышы мүмкүн" дегенди түшүндүрө албай кыйкырыша кеткенбиз.

Айыл өкмөттө өткөн жыйын
Айыл өкмөттө өткөн жыйын

Айыл өкмөттүн жинине тийип, кыйкырууга аргасыз кылган талаш айылда али да токтой элек. 1-февралда Төлөйкөн айылынын тургундары айыл башчыны өкмөткө сунуш кылыш үчүн айыл мектебине чогулду.

Жыйын учурунда айыл башчылыкка Камчы Мазаев аттуу дагы бир талапкер пайда болду. Ачык добуш берүүнүн соңунда мектепке чогулган 117 адамдын баары Мазаевди айыл башчылыкка көрсөтүүгө кол көтөрүштү. Ал эми мурдагы жыйында айыл башчылыкка көрсөтүлгөн Айбашевге бул жолу эч ким добуш берген жок.

Жыйынтыгында расмий орду жок "Төлөйкөн айылынын башчысы" аттуу кызматка тургундар Мазаев аттуу айылдашын шайлап коюп басып кетишти.

Ал арада чуунун башында аты айтылган Ташмат Айбашев Кара-Суу районунун акими менен жолуккандан кийин Төлөйкөн айылынын башчылыгына дайындалганын билдирди.

Мага буйрук чыкканга чейин Карим деген жер адиси өзүнүн 16-17 адамынын колун койдуруп, менин үстүмдөн айыл өкмөткө арыз жазыптыр. Биз ал колдорду экспертизадан өткөрттүк. Баары жасалма болуп чыкты.

- Мен мурдагы жыйында 150 адамдын добушун алып, айыл башчы болууга көрсөтүлгөм. Мага буйрук чыкканга чейин Карим деген жер адиси өзүнүн 16-17 адамынын колун койдуруп, үстүмдөн айыл өкмөткө арыз жазыптыр. Биз ал колдорду экспертизадан өткөрттүк. Баары жасалма болуп чыкты. Анан биз буга жооп жазып, элге кайрылдык. 120дай адам барып, өзүбүздүн арызды айыл өкмөткө тапшырдык. Ошонун негизинде айыл өкмөт: “Болду, эми сиз мыйзамдуу иштейсиз. Сиз көрсөтүлгөнсүз. Себеби мурдагы айыл башчы шайлоодо башка партияга иштеп, иштен алынган эле. Ал орун бош турган”, - деди. Менде эч кандай маселе жок. Эл мени сунуш кылган. Айыл өкмөт дагы макул болду. "Эртеңден баштап ишке чыгасың" деп, бүгүн да сүйлөшүп келдик.

Интернетке тараган видеодо айыл өкмөттөн кагуу жегендердин эч биринен милицияга арыз түшкөн эмес. Видеодогу окуяга күбө болгондордун бири айыл өкмөттүн иш бөлмөсүндө кайым айтышуудан бөлөк эч нерсе болбогонун айтты.

- Баарыбыз эле адамбыз да, эмоцияга алдырабыз. Ал жерде кыйкырышкандан башка эч нерсе болгон жок. Биздин бир эле көйгөйүбүз - адилетсиздик. Мен өткөн президенттик шайлоодо айылда штаб башчы болуп жүрүп көп нерсени байкадым. Биздин айыл каралбай калыптыр. Ошого иштей турган адамды сунуш кылып барганбыз.

Ош шаарына канаатташ жайгашкан Төлөйкөн айыл өкмөтүндө 27 миң калк жашайт. Ал эми айыл башчылыгы талаш болуп аткан Төлөйкөн айылында 6 миңге чукул эл бар. Айыл өкмөт 17 миллион жылдык бюджети менен дотацияда отурат. Сөз болуп аткан айыл өкмөт башчы Алмаз Абдукаримов Төлөйкөн айыл өкмөтүн төрт жылдан бери башкарып келет.

Айылдаштарын тилдеген айыл башчы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Салижан Жигитовдун "Күн туудусу"

Салижан Жигитов.

Ар жылдын февраль-марты – Салижан агайыбыз туулган, анан 70 жашка толушуна бир ай жетпей о дүйнө кеткен мезгил.

Салижан Жигитов агайымын жаркын элесине

Салижан Жигитовдун “Ит атаар” икаясы жөнүндө итабар сөз

Аны биз, окуучулары, ар убак унутпай эстеп келебиз. Агай баскан-турган жеринде адамдарга жарык маанай, тамаша-күлкү тартуулап, жаркылдап жүрчү жаркын инсан эле. Окумуштуулугу, акындыгы, адамдык кыял-мүнөзү, аңызга айланган курч кеп-сөздөрү тууралуу көп эле айтылып жүрөт. С. Жигитов өзүн адабияттын ар кыл жанрында сынап, артына өрнөктүү тексттерди калтырып кетти. Салижан агай өз чыгармачылык жолунда көркөм проза жанрына да кайрылып, 1977-жылы “Мектеп” басмасынан “Күн тууду” аттуу повести өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. Повесть адабий-полемикалуу жана көркөм-пародиялуу формада жазылган. Чыгарма адегенде кадыресе эле турмуштук окуяларды: баянчы-каарман Сарыбаштын кантип күчүктүү болгонун, күчүктүн андан кийинки өмүр таржымалын сүрөттөөдөн башталат. Биринчи-экинчи бөлүмдөгү окуялар анчалык кооздолбой, демейде турмушта кандай болсо, ошондой, реалистик планда сүрөттөлөт. Окуялардын баяндалышынан, каармандардын сыпатталышынан, пейзаждык сүрөттөөлөрдөн ашкере апыртууну, адамды суктандырган көркөмдүктү, сөз болуп жаткан кейипкердин ичине кирип чыккандай таамай жана кылдат туюндурулган терең психологизмди деле көрбөйбүз. Баянчы бала чакта көргөн-билгендери, Жолборс аттуу ити, ошол иттин тагдырына тике же кыйыр тиешеси бар кишилер тууралуу жөн-жай гана сөз кылат. Ит атаардын кулк-мүнөзүнө, кылык-жоругуна байланыштуу улам бир кызыктуу жагдайларды, эпизоддорду, окуяларды көз алдыга тартып, окурмандарды бирде жылмайтып, бирде кыткылыктатып, бирде каткыртып отурат. Ырас, китептин аннотациясында “повесть баштан-аяк тамашалуу мүнөздө жазылган” деп эскертилген. Бирок ушундан улам "бул повесть окуган кишинин көңүлүн ачып, күлдүрүш үчүн гана жазылган чыгарма тура" деген ой туулбашы керек. Тамаша адатта акылдуу адамдарда кандайдыр бир себептер менен олуттуу түрдө айтууга болбой турган же олуттуу айтса кишинин оюна анча конбой турган нерселерди туюмдуу жана таасирдүү туюнтуу каражаты катары колдонуларын унутпаган оң.

Салижан Жигитовдун "Күн тууду" китеби.
Салижан Жигитовдун "Күн тууду" китеби.

Өз заманында Аристотель жан жөнүндө трактатында: “Айбанат аттуунун ичинен адам гана күлө алат”,- деп белгилеп кеткен экен. Дегеле адабият, искусство дегендин максат-милдети - ар кандай себептердин айынан асылдык ыракатын башынан кечире албай калышкан адамдарга аз да болсо жарыкчылыктагы жаркын сулуулуктан кабар берүү, алардын көңүл түпкүрүндө уктап жаткан аруу ой-сезимдерин ойготуу го. Юморлуу чыгарма да адам пендесиндеги ичи тарлык менен кыянаттык, арамзалык менен зомбулук, наадандык менен ташбоорлук, өзүмчүлдүк менен кара өзгөйлүк өңдүү өксүктөрдүн кесиринен улам тепсендиде калып жаткан асылзаада идеал үчүн күрөшөт. Бирок дүйнөнү юморлуу аңдап-билүүнүн спецификалуу өзгөчөлүктөрү бар. Анда адатта жашоонун жарык жана күүгүм жактарынын ортосунда тең салмактуулук болбойт. Юморлуу аң-сезим көбүнчө турмуштагы терс көрүнүштөргө, кишинин ички-тышкы кемчиликтерине көңүл бөлөт да, көмүскө планда идеалга туура келүүчү оң нерселерди тастыктап, адамда дүйнөнүн дисгармониялуу абалдарына карата жек көрүү сезимин козгойт. С. Жигитовдун ит икаясындагы юмор менен тамаша-күлкүнүн маани-маңызы да мына ушуга барып такалат.

Күлкүлүү учурларга повестте кийинчерээк, качан анын “аянтында” ит атаар Улукбек аке, Жоро-шайтан, Бейшеке Ургазиев, Айдараалы-бырыкна менен Айдараалы-бакырчаак сыяктуу кейипкерлер пайда болгондон баштап туш келебиз. Ага чейин сөз негизинен иттин айланасында жүрөт. Ал эми икаянын үчүнчү – соңку бөлүгүндөгү окуялар болсо толук бойдон Жолборс иттин армандуу тагдырына арналган. Автор чыгармасына “ит икаясы” деген кошумча атты бекеринен койбосо керек. Адабият тарыхында айбанаттарды башкы каарман кылып сүрөттөгөн чыгармалар айтарлык арбын. Алардын арасында асыресе ит менен мышыкка арналгандары да өзүнчө бир короо болот. Баарын санаганда эмне, айрымдарын, алсак - Э.-Т.-А. Гофмандын “Мурр аттуу мышыктын турмуштук философиясы” романын, айтылуу Жек Лондон ит менен карышкырдын жашоо-турмушун жазганга абдан ыкылас коюп, алар тууралуу азыр классикага айланган бир нече повесть-аңгемелерди калтырганын, Чеховдун ит тагдыры тууралуу “Каштанка” аңгемесин, же өзүбүздүн кыргыз прозасына келсек, Аман Саспаевдин Сарала ит жөнүндө аңгемеси кезинде адабиятчы-сынчылар арасында кандай “ит тартыш” болгонун эле эстейличи.

Адабият айбанат жашоосуна, анын ичинде айрыкча иттин турмушуна эмне үчүн ушунчалык кызыгат? Арийне, адам баласы деле дээринде жарым-жартылай айбан, илим тили менен айтканда, биосоциалдык макулук. Башка макулуктардан болгон айырмасы: эмгек куралдарын жасай алат, табият чөйрөсүн өз муктаждыктарына ылайыктап кайра түзүүгө жөндөмдүү, өнүккөн аң-сезимдин жана өнөр алды кызыл тилдин, башкача айтканда, экинчи сигналдык системанын ээси. Мунун баары башынан маалым. Ошон үчүн биологиялык жандык катары жаратылыштын өз жан-жаныбарларына бүткөргөн табигый касиеттери менен сапаттарынан адам пендеси да кур эмес.

Демек, жазуучу айбанаттарды алды менен алардын жашоо инстинктинде, кыял-жоругунда, кулк-мүнөзүндө адамды элестеткен, анын психологиясынан кабар берген тике же кыйыр, ачык же бүдөмүк белгилер бар үчүн өз чыгармасына баш кейипкер кылып алат. Адамдардын айбандарга, айбандардын адамдарга жасаган ар кыл алака-мамилеси аркылуу жашоо-турмуштагы реалдуу байланыш-катнаштарды чагылдырып, ыймандык-руханий маселелерди козгойт. Ал эми ит байкуш жаныбарлардын ичинен адам баласы менен тээ байыртан бери бирге жашап, ага караан болуп келе жаткан эң жакын жан жолдош макулук эмеспи. Айтор, андай чыгармалардын автору “Айбан, сени айтам, адам, сен ук” деп тургансыйт. “Күн тууду” повести да ушундай чыгармалардын катарына кирет. Салижан Жигитов да бул икаясы менен: “Итим, сени айтам, кишим, сен ук” деп айткансыйт окурмандарына. Повесттен буга иллюстрация катары Жолборс даңгыттын жолдон ары-бери өткөндөрдүн астын тороп арсылдап жатып алганын, анан алар итке нан таштап берип өйдө-ылдый тынч каттап калышканын, бекер оокаттын кыныгына кирген ит алдына жем ыргытмайын эч кимди өткөрбөй, ыркырап паракор болуп кеткенин мисал келтирсек болот. Анан автор мунун башкы себебин “карапайым кыргыз, эгер ал ышкылуу мерген болбосо, демейде ит жаныбарды кор тутат, бапестеп бага албайт. Мал сойсо канын, арам жерин, сөөк-саагын таштап берет, калган убакта карандай жугундуга гана каратып коёт”деп түшүндүрөт.

Ал эми чыгарманын акыркы көркөм-пародиялуу бөлүмүндө Жолборстун образы жана ага байланыштуу окуялар таптакыр башкача өңүттө өнүктүрүлөт. Пародия дегенибиз жалпы алганда түп нусканы эликтеп тууроо, анын мүнөздүү белгилерин тамашалуу формада күчөтүп сүрөттөө го. Карап турсаң көп эле көрүнүштөрдү: бирөөнүн сүйлөө, ойлоо, жүрүш-туруш жана башка өзгөчөлүктөрүн, көркөм стилди же жанрды (антика адабиятындагы “Чычкандар менен бакалардын согушу” поэмасы “Илиаданын,” б.а. гомердик стилдин, М. Сервантестин “Дон Кихоту” рыцардык романдын пародиясы экенин эстейли), кайсы бир жазуучунун чыгармачыл манерасын же конкреттүү чыгармасын (буга мисалдар абдан көп, айталы, Ю. Тувим бөлөк акындардын манерасын, Чехов В. Гюгонун көтөрүңкү романтикалуу стилин пародия объектисине айландырганы ж.б.у.с.) пародиялоого болорун көрөсүң. Ал эми орто кылымдардагы күлкүлүү пародиялык-травестиялык адабият пародиялуу формалардын албан түрдүүлүгү жана көптүгү жагынан байыркы Рим адабиятынан ашып кетпесе, кем калган эмес экен. Андыктан ошол доор пародиясынын мыкты билермандарынын бири Пауль Леманн орто кылым адабиятынын тарыхы – “бул бирөөнүн мүлкүн сиңирип алуунун, кайра иштеп чыгуунун жана эликтеп тууроонун тарыхы” деп белгилеген тура.

Салижан Жигитов менен жазуучу Кеңеш Жусупов.
Салижан Жигитов менен жазуучу Кеңеш Жусупов.

Салижан агай өзү чоң адабиятчы болгону үчүн ит икаясын жазууда ал бу жагынан өзү окуп-билген илимий-теориялык тажрыйбасын жана өздөштүрүп үйрөнгөн көркөм практикасын жакшы эле пайдаланган. Айталы, дүйнөлүк адабият менен искусство тарыхында “Барокко” деген бир стилдик агым бар. Аны кармангандар өз чыгармачылыгында проза менен поэзиянын, көрксүздүк менен сулуулуктун, карикатура менен көтөрүңкү идеалдын контрасттык карама-каршылыгына негизденишет. Бул көркөм стилдин концепциясы боюнча реалдуу турмуш дегенибиз карандай прозага ширелген. Сулуулук менен асылдык андан сыртта – ажайып фантазия ааламында гана жашайт. Ошон үчүн сулуу нерселердин баары идеалдуу, керемет жана сонун болот. Барокконун бир эле учурда иллюзиялуу да, реалисттик да жагы бар. Реалисттик жагы ээ-жаа бербей ала качкан кыялдан, санжыргалуу фантазиядан келип чыккан керемет иллюзиялуу тарабын ашкерелеп турат. С. Жигитовдун “Күн тууду” повести дал ушул принципке негизделип курулган.

Бул китептин көңүл бура турган бир өзгөчөлүгү – эки башка баяндоо планында жазылганында. Тагыраак айтканда, реалдуу планда баяндалган окуялар повесттин финалдык бөлүгүндө кубулжуп кубулган түрүндө көтөрүңкү романтикалуу-лирикалуу манера-маанайда кайрадан кайталанат. Натыйжада чыгармада реалдуу пландан аябай айырмаланган жаңыча сапаттагы ажайып көркөм аалам жаралат. Муну жүзөгө ашырыш үчүн автор адегенде китептин биринчи-экинчи бөлүктөрүндө ит атаарды көркөм сөздүн жөндөмдүү сүрөтчүсү, таламандын тал түшүндө жердеги чыладан жылдыздуу тунук асманды көрө билген кыраакы романтик, кудай сыяктуу кыялында жоктон бар жарата алган керемет фантазёр, калпты чындай сайраган ашкан аңгемечи кылып сүрөттөйт. Анан аны үч ай сүйлөбөй жата тургандай дабасы оңой менен табылбас оор дартка чалдыктырат. Мурун көп сүйлөп, балдарга кызык-кызык аңгеме айтып берип көнүп калган кайбар өлөөрүн санап, аябай бук болуп кыйналат. Ошо бук болгонуна чыдабай китеп окуганды эрмек кыла баштайт да, акыры кыргыздагы мыкты деген аңгеме, повесть, романдар менен котормолордун баарын түгөл койбой окуп чыгып, дээринен эле бала кыял, сезимтал неме эми окуган китептерине аябай таасирленип, бүт бойдон китеп дүйнөсүнө жутулуп, реалдуу турмуштагы өзүн шылдыңдап күлүп жүрүшкөн чоң кишилерди, айрыкча өзү башта көп жактырбаган адамдарды ого бетер жининдей жек көрүп калат.

Окугандарынын таасири менен кыял-жоругу, кулк-мүнөзү, турмушка көз карашы өзгөрөт. Аңгеме айтышы да жаңырат. Буга чейинки айтып жүргөндөрү көркөм касиети бар болсо да, түпкүлүгүндө кадыресе эле оозеки аңгемелер болсо, азыркы айткандары көп жагынан жазма чыгармаларга ыктап калат. Эми ал адабий кара сөздүн баяндоо манерасына, сүрөттөө ыкмаларына, көркөмдөө амалдарына салып айта баштайт. Окуялар тизмегин кураштырганы, каармандарын сыпаттаганы, атүгүл сөздөрүн кынап койгону да куду китептегидей чыгып калат. Ошондон кийин анын акын кыялы адабий китептердин таасиринен жаңыланып, кереметтенип, өзгөчө сапат алып кетет дагы, андай аң-сезим аркылуу чагылдырылган турмуштук таасирлер да укмуштуудай кубулган түргө өтүп, башкача сапатка ээ болуп, анын туундусу катары акырында Жолборс дөбөт жөнүндө асемдүү аңгеме келип чыгат.

Дүйнөлүк адабият тажрыйбасында пародиялык-ирониялык эликтөө процессинде жазуучу китептик мотивдерди адатта өзүнүн чыгармачылык ой-максатына жараша каалаганындай пайдалана берет. Ал тургай өз новеллаларын демейде Конан Дойлдун детективдүү логикасын келекелөө максатында жазчу Честертон да адабий полемика ыкмасын көп убактарда өзүнүн жекече оригиналдуу чыгармачылык позициясын жарыя көрсөтүш үчүн шылтоо катары гана колдонот. С. Жигитовдун китебинде да дал ошондой. Финалдык ажайып асем аңгемеден Ч. Айтматовдун, К. Жусуповдун, М. Гапаровдун, К. Жусубалиевдин көркөм манераларын эликтеп туурагансыган, алардын чыгармаларындагы айрым бир мотивдерди, эпизоддорду, деталдарды элестеткен, ал гана эмес дүйнөлүк адабияттын айтылуу классик өкүлдөрүнүн эстетикалык-көркөм табылгалары менен кайсы бир романтикалуу фильмдердеги кооз сүрөт-көрүнүштөр тууралуу (мисалы, бир-эки эпизоддо сүрөттөлгөн кыпкызыл болуп томолонуп чыккан күн, анын фонунда кырмызы аттарга чочоюп конуп алышып кылак-кылак чаап өтүп бараткан жаш балдар; мындай кадрлар кинодо адатта акырындатылып, түстүү түрдө өтө көркөмдүктө көрсөтүлөт эмеспи) билинер-билинбес каңкуулап турган сыяктуу учурларга көп эле кез келебиз.

Албетте, андай реминисценциялар карапайым окурманга кайдан байкалсын? Аларды адабияттын айрым ышкыбоздору, адабиятчы-сынчылар же жазуучулардын өздөрү, айтор дүйнөлүк рухий маданияттан аздыр-көптүр кабары, жетишээрлик эстетикалык даярдыгы, көркөм интуициясы бар адамдар гана баамдашы мүмкүн. Чын-чынына келгенде, дегинкисин ит атаар – шарттуу каарман; чыгарманын акыркы бөлүгүндө анын адабиятташкан оозу менен айтылган ит икаясы - көп жагынан алганда автордун өзүнүн эле интеллектуалдык-эстетикалык дүйнөсүнүн эманациясы. С. Жигитов ар түрдүү: турмуштук жана китептик, кененирээк алганда, маданий булактардан алган билим-таасирлерин синтездеп, алардан бир бүтүн чулу көркөм-образдык система түзө алган. Ал эми адабий-полемикалуу форма болсо ага бир эле чыгарманын алкагында бири-биринен кескин өзгөчөлөнгөн эки башка көркөм дүйнө жаратууга өбөлгө болуп берген. Жакшылап сарасеп салган кишиге С. Жигитовдун повестинде пародия менен травестия элементтеринен башка дагы, чынында эле ошо өзү “чымчылап” өткөн көркөм сөз өнөрпоздору менен чыгармачылык мелдешке чыккандай элес, башкачараак айтканда, жазуучулук атаандаштыктын да белгилери бар экени баамга урунат. Бир эле турмуштук материалды эки башка – реалистик жана көтөрүңкү романтикалуу-лирикалуу маанайда чагылдыруу аркылуу ал өзүнүн сүрөткерлик дараметин, учкул фантазиясынын чабытын, жазуучулук диапазонунун кенендигин, талант-шыгынын күч-кубатын, кааласа алардан да ашыра адабиятташтырып, асемдеп-сулуулап жаза алаарын, атүгүл дүйнөлүк адабияттын үлкөн үлгүлөрүн бүт окуп чыккан эстет окурмандарды да таң калтырып тамшанта тургандай ажайып көркөм дүйнө жаратуу колунан келерин калемдештерине далилдегендей.

Анын үстүнө адис адабиятчы катары Салижан агай бул повести аркылуу өзүнчө бир көрсөтмөлүү көркөм эксперимент жасап: биринчиден, тубаса эстетикалык туйгу-сезим менен туулган адам кийин көркөм адабий-маданий таасирлерден улам кантип жазуучу болуп калыптанып каларын айгине кылгысы келгендей. Башкача айтканда, жазуучу кантип, кандайча жараларын көрсөткөн. Повесттин алгачкы эки бөлүгүндө сүрөттөлгөн окуялар, кырдаалдар, образдар, деталдар соңку абдан адабиятташтырылып асемделген аңгемеде теңирден тескери чечмеленип, таптакыр таанылгыстай керемет идеялык-эстетикалык ааламга айланып кеткенин салыштырып окуган адам өзү билген турмуштук материалды жазуучу өз чыгармачылык “лабораториясы” аркылуу өткөрүп, андан кантип ажайып көркөм чыгарма жаратарын көзмө-көз көргөндөй болот. Ушул айтылганга иллюстрация катары повестте бир эле эпизоддун – Жолборс иттин өлүмү - реалдуу планда кандай жана жазуучулук көз менен көркөмдөштүрүлгөн “оптикада” кандайча берилгенин мисал келтире кетели:

...”Тиги боордо сынган жалгыз долононун жалбырактуу бутактары барпайып, чөп арасынан Жолборстун бир капталы дөмпөйүп көрүнүп турду. Жанына чыгып барсак, ит ылдый баштанып, өлүк денесин шалдайта жайып, канжалаган тумшугун кызарган чөптөргө жашырып, арткы бир бутун жансыз сырайтып кыймылсыз сулк жатыптыр. Башы менен курсагынан аккан кан кылчык жүндөрүн териге жабыштыра батташтырып, чөптүн сабактары менен жалбырактарын кызыл жаян кылып, жерге жайыла агып, килкилдеп катып, кара кочкул тартып каймактана түшүптүр. Курсагындагы ок тийген жерден кан дагы эле кочкулданып тамчылап туруптур. Заматта үстүнө чымын-чиркей жабалактап үйүлө калыптыр.”

Эми ушул эле эпизоддун экинчи планда кандай сүрөттөлгөнүн көрөлү:

...”Сокур ок куду мээлеп туруп аткандай Жолборстун мээсине кадалды. Соо көзүнүн үстү “тыз” дегенде ит бир каңк этип, анан башы кеңгирей түшүп, кантип оңкосунан кеткенин өзү да билбей калды. Калың кызгалдакты жапырып жерге жыгылар замат анын караңгылаган кыялында эмнегедир качаңкы бир элес жарк этип жанды: тээ алыста асман менен жер өбүшкөн жээк кызгылтым тартып мунарыктап, ошо мунарыкта кызыл көйнөкчөн балдар минген кырмызы аттар кылак-кылак зымырап баратты. Ал аңгыча зымыраган аттар жылас болуп, кызгылт мунарык арасынан кыпкызыл күн чеке белин каканактатып күнкарама себетиндей калдайды. Дал ошол кирпик ирмемде жаны чыгып бараткан Жолборстун соо көзүнө кашы ылдый аккан кан жая берди, ошондо анын кыялындагы каканактап турган күндүн бетине да дароо кан жайыла түштү. Күн жара кескен дарбыз сыңары канжалап, чеке белинен кызыл кочкул кан тамчыларын чачыдай самсаалатып турду. Анан кызарыңкы мунарык көөдөй карарып, канын самсаалаткан күн да кочкулданып күйүп, чоңойгондон чоңоюп, бир кур берилей калдайып жылып келип, кайра артына шуу чегинди да, ошо карайып күйгөн бойдон кичирейип-кичирейип барып, караңгылыкка батып кетти...”

Салижан Жигитов тууралуу китептин мукабасы.
Салижан Жигитов тууралуу китептин мукабасы.

Айтор, бу жагынан Салижан агайдын “Күн тууду” китебин ЖОЖдордун адабиятчы, акын-жазуучу болом дегендерди даярдоочу филология бөлүмдөрү менен чыгармачыл ийримдерде көрсөтмөлүү-методикалык окуу курал катары колдонсо болчудай экен. Китепке байланыштуу баамга урунган дагы бир урунттуу жагдай: С. Жигитовдун кыргыз адабий прозасынын генезисин кадимки эле оозеки кара сөз өнөрүнөн, калк ичинде Улукбек аке сыяктуу калпычы сөзмөр кишилер тарабынан айтылып келген карапайым турмуштук аңгемелерден алып чыккан илимий-теориялык концепциясы бар. Анысын далилдөөгө агай өз кезинде “Ала-Тоо” журналында жүргөн талкууга карата жазган “Көп канаттуу куш сыңары” деген макаласында жигердүү аракет кылган эле. Повесть Салижан агай ошол концепциясын ит атаардын (Улукбек акенин) образы аркылуу иллюстрациялап, дагы бир жолу биротоло бекемдеп кеткендей да таасир калтырат.

Өзүнүн стили жана турмуш көрүнүштөрүн чагылдыруу мүнөзү жагынан күлкүлүү ыңгайда жазылган чыгармалардын мазмуну айрым убактарда драмалуу, ал тургай трагедиялуу болушу да ыктымал. Маселен, Гоголдун “Шинели” менен “Жиндинин аңгемелери” ошондой чыгармалардан экени адабият ышкыбоздоруна эбактан маалым. Майрам жөнөкөй күндөрдү эске салгандай, күлкү да бизди кээде муңайым кейиштүү ойлорго түртөт. Дон Кихоттун жел тегирмендер менен согушканы сыяктуу жоруктарына күлкүбүз келгени менен улам арылап окуган сайын бизде аны аёо, ага боор ооруу сезими күчөй баштайт. Китептин акырында ал биз үчүн апенди чалыш бечара фантазёр эмес, жашоодон акыйкаттык менен адилеттик издеген, ал үчүн керек болсо жанын да аябаган күрөшчүл каарман, дили таза кыялкеч болуп чыга келет. Ит атаар Улукбек аке да ушундай каармандардан. Биз анын айрым айыпсыз, айталы: согуштагы снайперлик өнөрүм өчүп калбасын деп, машыгыш үчүн тоокторун тамбашынан учуруп атканы, ошонун айынан жаза тайып жанындай көргөн кара эшегин атып алганы, анан ал күйүтүнө чыдабай мас болуп алып эшегинин кара ашын бергени сыяктуу жорук-жосундарына жыргап күлгөнүбүз менен ал түпкүлүгүндө пейли ак, ичи тунук, баладай баёо жана аруу адам.

Акырында айтарыбыз: тестиер балдарга арналып, “тамашалуу повесть” деген жанрдык аныктама тагылып чыкканы менен бул китеп көп маанилүү, көп катмарлуу, философиялык мазмун, маанай (Шуман күлкүнү “Көңүлдүү маанайдын философиясы” деп атаган экен) тартуулаган оригиналдуу чыгарма. Анын идеялык мазмуну менен көркөм формасында (түзүмдүк-композициялык архитектоникасында) жана жалпы эле автордун дүйнөнү көркөм-образдуу аңдап чагылдыруу стилинде, тилинде адистер атайын сөз кылууга арзый турган, биздин макалабыздын алкагынан сыртта калган бир катар өзгөчөлүктөр бар. Деги эле, мындан кырк жыл ашуун мурда жазылса да, “Күн тууду” китеби азыркы кыргыз прозасы үчүн көп параметрлери боюнча эксперименталдык мүнөздөгү жаңыча чыгарма экенин көрмөксөн-билмексен болуу эч мүмкүн эмес. Басма жагын бизнес кылып жүргөндөр ушул китепти кайра басып чыгарып, окурман журтуна тартуулашса жалпы адабиятыбыз үчүн жакшы иш жасашмак, Салижан агайдын арбагы да ыраазы болмок.

Калык Ибраимов.
Калык Ибраимов.

Калык Ибраимов, Философия илимдеринин кандидаты, СССР жана КР жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шамбесайды иштетүүгө каршы митинг

Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Шамбесай айылында кенди иштетүүгө каршы митинг болуп жатат.

Электрге баа көтөрүлүшү керекпи?

Электрге баа көтөрүлүшү керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Өкмөт электр баасын көтөрүүнү кыйытты

Иллюстрация

Премьер-министр Сапар Исаков соңку жылуулук кризисин жөнгө салуу үчүн электр энергиясына жана жылуулукка тарифти көтөрүү зарылдыгын айтып чыкты. Өкмөт башчы мунсуз аталган тармак карызга батып, мындан да жаман абалга кептелиши мүмкүндүгүн эскертүүдө. Мындай сунушту тургундар жана эксперттер түрдүүчө кабылдашууда.

Электр энергиясына жана жылуулукка тарифти көтөрүү боюнча сунушту премьер-министр Сапар Исаков 31-январда парламенттеги жылуулук маселесин талкуулаган жыйында жарыялады.

Өкмөт башчы аталган тармакта жабдуулар эскиргенин, карыздар көбөйгөнүн айтып, тарифти көтөрүү менен гана бул маселени жоюуга болорун билдирди:

- “Ушу тапта тарифтер маселесин көтөрө көрбө, туура эмес болуп калат” деп мага көп айтып жатышат. Тариф абдан орчундуу маселе. Электрге жана жылуулукка тарифти көтөрүүнү биз талкуулашыбыз керек. Албетте мен азыр эле көтөрө коелу деп айткан жокмун, бирок аны көтөрүүнүн бир формуласын табышыбыз керек. Антпесек электр тармагы боюнча акционердик коомдорубуз карызга батып баратат, 100 млрд сомдон ашык карызыбыз бар. Дагы кете берсек, 200-300 млрд сомго чейин жетет. Электр чубалгылары, подстанциялар дагы бүт иштен чыга баштайт. Себеби аларды оңдоого, кароого акча каражаттары тиешелүү көлөмдө берилген жок.

ЖЭБдеги кырсыктан кийин Бишкекте электрге күч келди. 28-январь, 2018-жыл
ЖЭБдеги кырсыктан кийин Бишкекте электрге күч келди. 28-январь, 2018-жыл

Кыргызстанда электр энергиясына тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

Ал эми жылуулук энергиясынын тарифи 1 гигакалорийге 1134 сом 76 тыйынды түзөт.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттиги келерки үч жылга тариф каралып жатканын кабарлап, бирок анын суммасы кымбат болору же болбосу так эместигин билдирүүдө.

Мекеменин маалымат катчысы Айнура Касымова буларга токтолду:

- Учурда калк электр жана жылуулук энергиясын кыргыз өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга карата бекитилген тарифи менен колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө 2018-2023-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатын иштеп жатабыз. Анда буга чейинки иш- аракеттер, сандар анализденип жатат. Ошонун жыйынтыгына карап, эки-үч вариантты иштеп чыгып өкмөткө сунуштайбыз. Өкмөт аны бекиткенден кийин гана тарифтердин суммасы так жарыяланат.

Бирок өкмөттүн электр жана жылуулук энергияларына карата бааны көтөрүү сунушун коомчулук нааразылык менен кабылдап жатат. Айрымдар ашыкча төлөм элдин чөнтөгүнө чак келбей турганын айтса, кээлери тармактагы коррупцияны жойбой туруп, тариф маселесин көтөрүү максатсыз экенин билдирүүдө.

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Жогорку Кеңеште электр энергиясынын тарифин кайра кароо маселеси көтөрүлдү.

Бишкек шаарынын тургундарынын бири Гүлжан Касымова тарифтерди көтөрүү эл арасында нааразылык жаратат деген пикирде:

- Жарыктын жана жылуулуктун кымбатташы таптакыр туура эмес. Эгер тарифтерди жогорулаткысы келсе биринчи маянаны, пенсия менен жөлөк пулдарды көбөйтсүн. Азыркы эле тарифти төлөгөнгө көпчүлүктүн шарты жок, дагы кымбаттаса андан бетер кыйналышат. Электр энергиясы өзүбүздөн чыгып жаткандан кийин, бийлик бааны көтөрбөшү керек. Тариф кымбаттайт деп жатып мурда төңкөрүш болуп кеткен, азыр көтөрсө да ошондой болот.

Деген менен электр жана жылуулук энергиясы боюнча өкмөттүн буга чейинки үч жылдык тариф саясатына ылайык, электр жыл сайын он пайыздан кымбаттап турушу керек.

Бирок ар жылда ар кандай себептер менен көтөрүлбөй келген. Адистер муну бийликтин парламенттик жана президенттик шайлоолордо элдин нааразылыгын жаратпоо аракети менен түшүндүрүүдө.

Электрге баа көтөрүлүшү керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Энергетика тармагы боюнча эксперт Батыркул Баетов азыркы өкмөттүн сунушу туура экенин айтып, аны мындай мисалдар менен негиздеди:

- Сапар Исаков туура айтты. Бирок алар маселени саясатташтырып, шайлоо келатканда эле токтотуп коюшат. Же 20% көтөрүш керек болсо, аны 10% түшүрүп, ошону да толук көтөрүшкөн жок. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дейт. Улам артка жылдырган сайын энергетика тармагы кризиске белчесинен батып баратат. Өкмөт жакшылап эсептеп чыгып Жогорку Кеңешке сунуштап, алар кабыл алып бериши зарыл. Анан кеминде беш жыл ичинде электр тармагы киреше менен чыгашаны теңдеп, андан кийин өзүн-өзү актай турган тармакка айланышы керек.

Кыргыз бийликтери электр энергиясынын тарифтерин буга чейин көтөрүлүшүн коңшулардан импорттогону менен да байланыштырган. Бирок учурда Кыргызстан башка өлкөдөн электр импортун токтотконуна карабай, энергия тарифи ошол бойдон сакталып келет.

“Улуттук энерго холдинг компаниясы" учурда калкты, мамлекеттик мекемелерди жана жеке ишканаларды кошкондо бир жарым миллиондой абонентти тейлейт. Анын 565 миң 560ы “Түндүк электрге”, 406 миң 603ү “Ош электрге”, 305 миң 818и “Чыгыш электрге” жана 225 миң 316сы “Жалал-Абад электрге” туура келет.

Бирок алардан жылына канча киреше түшөрү жана канча чыгаша болору тууралуу так маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

"Азаттыктын" архиви: Эси оогон энергетика. 3-февраль, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБдеги кырсык: "жооткоткон" жоопкерчилик

Бишкек жылуулук борбору. (Архивдик сүрөт)

Жылуулук берүүдөгү өзгөчө кырдаал үчүн премьер-министрдин жана башка жогорку кызмат адамдарынын жекече жоопкерчилиги ачык бойдон калганы парламентте белгиленди.

Өкмөт башчы Сапар Исаков учурда орун басар даражасындагы эки жетекчини кызматтан алуу боюнча сунуш киргизгенин айтып, калгандарынын жоопкерчилиги иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча гана аныктала турганын билдирген.

Парламенттин айрым депутаттары муну кадрдык кризистин жыйынтыгы катары баалашууда. Буга чейин премьер-министр "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси өз ыктыяры менен арыз жазганын, бирок аны кабыл албай койгонун белгилеген.

Премьер-министрдин Баш мыйзамдагы жоопкерчилиги

Бишкектин жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепеттери өкмөттүн кышка даярдыгына карата жоопкерчилик маселесин күн тартибине койду.

Парламенттин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Баш мыйзамдын талабына ылайык, премьер-министрдин өзүнүн жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрдү:

Кенжебек Бокоев. Архивдик сүрөт.
Кенжебек Бокоев. Архивдик сүрөт.

- Урматтуу премьер-министр, Конституцияга кайрылсак, анда "премьер-министр өкмөттү башкарат, Жогорку Кеңештин астында өкмөттүн иши боюнча жекече жоопкерчилик тартат" деп көрсөтүлүп турат. Азыркы түзүлгөн кырдаал үчүн өкмөт башчысынын жоопкерчилик тартуу маселесин сиз кандай түшүнөсүз? Буга чейин программаңызда жаңы доорду алып келериңизди айтып, убада бердиңиз эле. Бирок биз Бишкек ЖЭБи боюнча барып, андагы насостук станцияларды көргөнүбүздө ал жакта муз доору өкүм сүргөндөй экен. Ал көрүнүш үчүн сиздин жеке жоопкерчилигиңиз кандай болушу керек?

Премьер-министр Сапар Исаков түзүлгөн кырдаал үчүн Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Өмүркул уулу Нурланды жана "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоевди кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизгени жарыяланган. Өкмөт башчы калган кызмат адамдарынын жоопкерчилиги иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныктала турганын айткан.

Аргасыз абал, аз убакыт

Премьер-министр Сапар Исаков жоопкерчиликтен качпай турганын, башка кызмат адамдарынын маселеси боюнча да чечим кабыл алууга эртелик кыларын билдирди:

- Эми мен өзүмдү актагым келбейт. Биздин иштегенибизге беш ай болду. Бир аз убакыт бергиле. Биз иштейли. Мен жоопкерчиликти толук өзүмө алам. Бул боюнча тиешелүү билдирүү жасадым. Борбор калаанын тургундарына кайрылдым. Азыр биз тиешелүү чаралардын баарын көрүп жатабыз. Кээ бир нерселерди моюнга алышыбыз керек. Чынында эле Бишкек ЖЭБинин эски бөлүгүндө абал начар экен. Насостук станциялар эскириптир. Аны эми иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Ким каякта кандай нерселерди жасаганын ошонун жыйынтыгы боюнча билебиз. Анан мен тиешелүү чаралардын баарын көрөм.

Кызматтан кеткиси келбегендер

Анткен менен өкмөттөн жана энергетика тармагын жетектегендердин арасынан түзүлгөн кырдаал үчүн кетирген кемчиликти сезип, иштен кетүү тууралуу расмий түрдө арыз берүүгө даяр кызмат адамдары жоктугу байкалды.

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Руслан Казакбаев бул боюнча мындай деди:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Күнөөлүүлөрдү атайын комиссия аныктай турганын айттыңыз. Бирок ушул күнгө карата түзүлгөн кырдаалга катышы бар экенин айтып, кызматынан өз ыктыяры менен кетиш үчүн кайрылып, расмий түрдө арыз жазгандар болдубу? Эгерде жетекчилердин эч кимиси жоопкерчилигин сезип, антип кайрылбаса, анда бул абийирдин, ар-намыстын, кайдыгерликтин жана жоопкерчиликтин жоктугунун маселеси. Бул анда тутумдашкан кадрдык кризистин көйгөйү. Муну биздин комиссия иликтеп чыгып, ошого жараша баа бериши зарыл.

Премьер-министр энергетика тармагындагы абал боюнча жетекчилердин берген убадасына өзү деле ишенбей калганын билдирди. Ошол эле кезде тармакты көзөмөлдөгөн "Улуттук энергохолдингдин" жетекчисинин арызын эмнеге кабыл албай койгонун премьер-министр Сапар Исаков ачык айтпады:

Мен аны жактагым келбейт, бирок ал жигиттин аракети болуп жатканын мен көрүп жатам.

- Мага бир киши келип өз арызын берди, азыр жанымда отурат. Ал "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиев. Бирок мен анын арызын кабыл алган жокмун. Себеби, мен аны жактагым келбейт, бирок ал жигиттин аракетин көрүп жатам. Бул жигит өзү да күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай жүрөт. Албетте, маселе көп. Айбек Рысбековичте да күнөө бар. Сөздүн ачыгы.

Ким кимди калкалады?

Айрым депутаттарды "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси эмне себептен жоопкерчиликтен сырткары калганы кызыктырды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов премьер-министр аны калкалай турган болсо, анда анын өзүнүн жоопкерчилиги да каралышы керек деп эсептейт:

- Сиз биринчи кезекте мына ушул Айбек Калиевди кызматынан алышыңыз керек болчу. Эң башкы жоопкерчилик ушул кишиде. Анткени сиз бүтүндөй энергетика тармагын чогултуп туруп, ушул жаш жигиттин колуна өткөрүп бергенсиз. Мына, азыр анын тажрыйбасын бир депутат айтып өттү. Жыйынтыгы - ЖЭБдеги кырсык. Сиз болсо "ал жакшы кадр, арызын жазды, бирок кабыл албадым" деп жатасыз. Энергетика деген өнөр жай тармагы. Ал жерде менеджер болуп дилетанттар отурбашы керек. Эгерде Айбек Калиевди энергетика тармагынан кетирбесеңиз, анда сиз арызыңызды жазып, кетишиңиз керек болот.

Ишенимден чыккан иликтөөлөр

Жогорку Кеңеш Бишкек жылуулук электр борборундагы абал боюнча убактылуу депутаттык иликтөө комиссиясын түздү. Бирок саясий чөйрөдө андан майнап чыгарына ишенгендер аз.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров депутаттык иликтөөлөргө ишеним болбой калганына төмөндөгүдөй мисалдарды келтирди:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Азыр эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Ага эки себеп бар. Элден корккон жетекчи жок. Жетекчилерден сураган эл жок. "Ал жерде буу казандары эмне болгонун иликтөө үчүн комиссия түзөбүз" дейт. Ошону эми бир ай иликтеш керекпи? Анан "386 миллион доллар каякка жумшалганын иликтейбиз" дейт. Маселе иликтенбейт. Себеби буга чейин деле былтыркы учактын кыйроо себеби, Батукаевди качыруунун сыры, "РусГидронун" 38 миллион доллары, "Лигласс трейдинг" компаниясын кимдер алып келгени сыяктуу чуулгандуу иштерди "иликтейбиз" деп, бирок андан бир да майнап чыккан жок. Бул деле ошолордун бири катары кала берет.

Ошентип, парламент түзүлгөн жагдайга байланыштуу өкмөт башчысына ишеним көргөзбөө же кайсы бир кызмат адамдарынын жоопкерчилиги боюнча маселени карап, чечим кабыл алууга батына албады.

"Ыңгайсыз суроолор". 31-январь, 2018-жыл

Шаарды өксүткөн жылуулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:24 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Депутат Жолдошбаевдин "уялчаак" сунушу

Жогорку Кеңеш. 1-февраль, 2018-жыл

Парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспортто жүргөн кесиптештеринен уяларын айтып, коомчулук сынына кабылды.

Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, маршрутка менен жүргөн депутаттар үчүн уяларын билдирди.

- Кээ бир депутат кыз-келиндерибиз, балдарыбыз жанагы маршруткадан түшүп, жөө басып келет да. Чынын айтсам, аларды көрүп мен уялам. Анан мен алардан уялып шапкемди ылдый кылып машине менен келем. Урматтуу Дастан Артистбекович, ушуну карап көрсөңүз. Прессасы жок эле өзүнчө сүйлөшүп алсак.

Жолдошбаев буга чейин эки аял алууну мыйзамдаштыруу сыяктуу ыксыз демилгелер менен менен атын чыгарып келаткан бай депутаттардын бири.

Төрт гана депутат коомдук транспортко түшөт

Ал арада парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Фейсбук" баракчасына депутаттар Аида Касымалиева, Карамат Орозова, Альфия Самигулина, Евгения Строкова жумушка коомдук транспорт менен келерин жазды.

Камчыбек Жолдошбаевдин сөзү коомчулук сынына кабылып, Интернет колдонуучулары депутат уяла турган маселелер өлкөдө чачтан көп экенин эске салышууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын бири Мукар Чолпонбаев Жолдошбаевдин сөзүн сынга алды.

- Ал сөзү менен өз деңгээлин көрсөтүп койду. Ал өзүн элден бийик, элден акылдуу сезсе машинесин минип, жансакчылары менен жүрө берсин. Ага эч ким тоскоол болбойт. Биздин түшүнүгүбүздө эл өкүлү эл арасында жүрүшү керек. Элдин суугуна тоңуп, ысыгына күйгөн адам гана элдин өкүлү боло алат.

Жолдошбаевдин сөзүнөн кийин Интернет колдонуучулары 70-80 миң долларлык машине минген кыргыз депутаттарын ишке велосипед менен келген айрым европалык аткаминерлерден үлгү алууга чакырышты.

Депутат эмнеден уялышы керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

"Уялчаак" депутаттар эл эсебинен жашайбы?

Депутат Аида Касымалиева ишке коомдук транспорт менен келип-кеткени үчүн уялбайт, ошол эле учурда сыймыктанбайт дагы. Анткени ал депутаттын мингени эмес, кылган иши маанилүү деп эсептейт.

Ошол эле учурда Касымалиева коомчулук көңүлүн Жолдошбаевдин сөзүнө эмес, депутаттардын кызматтык унаасына байланыштуу кызык жагдайга бургусу келет.

- Кызматтык унаа жоюлганы менен депутаттарга жол чыгымдары, канцеляриялык товарлар жана башка бир катар чыгымдар үчүн ай сайын 40 миң сомдон берилет. Машинелер болсо башка мекемелерге, катчылыкка берилген. Мындайча айтканда эч кандай үнөмдөө болгон жок. Ошол мени өкүндүрөт. Бул популисттик чечим болгон. Ошол эле учурда биз сыяктуу машинеси жок депутаттардын иши солгундады. 40 миң сомду "Жип" минген депутаттар да алып жатат.

Айтмакчы, "уялчаак" депутат атка конгон Жолдошбаев да ай сайын жолтандабасы үчүн бюджеттен 40 миң сом алат.

Парламент депутаттары 2015-жылкы шайлоо алдында элге "кызматтык унаа, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз" деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан. Жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттарын каржылоого 760 миллион сомдон ашык каражат коройт.

"Азаттыктын" архиви: Парламенттеги ыксыз демилгелер. 13-июль, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз-британ ЖОЖдору кызматташат

Британиянын жана Кыргызстандын окуу жайларынын алгачкы форуму кызматташуу пландарын талкуулоо менен жыйынтыкталды. 1-февраль, 2018-жыл.

1-февралда Бишкекте Британиянын жана Кыргызстандын окуу жайларынын алгачкы форуму өттү. Анын максаты - эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын программасын бири-бирине ылайыкташтыруу.

Гүлмира Сатыбалдиева - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын мугалими. Ал аймактагы окуу жайлар үчүн чет өлкөдө билим алуу же сабак берүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу маалыматтар жеткиликтүү эмес деп эсептейт.

Ошондон улам мугалим эл аралык уюмдар уюштурган окутууларга байма-бай катышып, алган билимин студенттердин чет өлкөдө билим алышына шарт түзүүгө пайдалангысы келет:

- Эл аралык уюмдар англис тилин өнүктүрүү боюнча сабак өтүү ыкмаларын жакшы үйрөтүшөт. Эгер биздин окуу жай эки мамлекет ортосундагы тажрыйба алмашуу программасына катышып калса, чоң жетишкендик болот. Кафедрабыз ачылганына жети жыл болду. Ушул убактан бери алмашуу программасынын алкагында өзүбүз билим алып, студенттерди Норвегияга, Кытайга, Түркияга жибердик. Азыр Москвадагы окуу жайлар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Гүлмира Сатыбалдиева Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу жана Британ кеңешинин демилгеси менен уюштурулган окуу форумуна атайын кызыгып келген.

Форумга катышкан эки өлкөнүн окуу жайларынын өкүлдөрү билим берүү тармагындагы реформа, глобалдык деңгээлдеги өзгөрүүлөргө көмөктөшүү, бул үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелеринин алкагында пикир алмашты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков Кыргызстан Британиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташып, алардын тажрыйбасын пайдаланууга кызыкчылыгы бар экенин белгиледи:

- Кыргызстандын жогорку окуу жайлардагы билим берүү системасын Батыш окуу жайларына жакындатып, транформациялоо, алардын тажрыйбасын пайдалануу максатыбыз бар. Окуу жайлардын мугалимдерин жана студенттерин алмашуу программаларын жандандырууга басым жасалууда. Тагыраагы, ал жактын студенттерин бул жакка тартуу. Форум келечекте биргелешкен диплом берүү максатын көздөйт.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Британиянын 162 жогорку окуу жайында 2,28 миллион студент билим алат.

Алардын 440 000 миңден ашууну чет өлкөлүк студенттер. Дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын рейтингинде 10 британдык окуу жай кирерин да белгилеп өтөлү.

"Британ окуу жайларынын альянсы" программасы жыйырмадан ашык окуу жайды өзүнө камтып, алардын башка эл аралык университеттер менен кызматташтыгын ишке ашырып келет. Алардын катарында Кытай, Жапония, атүгүл Казакстандын айрым окуу жайлары бар.

Альянстын жетекчиси Фэй Тейлор британ окуу жайлары төмөндөгү шарттар менен кызматташууга даяр экенин айтты:

- Британ жогорку окуу жайлары кызматташунун ар тараптуу жолдорун тандайт. Алар өз ичине эл аралык билим берүү моделдери, "Franchise" жана тышкы программалар өңдүү ийгиликтүү өнөктөштүк иш-чараларынын комплексин камтыйт. Британ окуу жайлары дымактуу, өнүктүрүү стратегиясы бар өнөктөштөр менен иштөөнү каалайт. Бул учурда студенттер менен кызматкерлердин тажрыйбасы, англис тилин үйрөтүү ыкмалары, буга чейинки эл аралык тажрыйбалар , рейтинги, каржы, башкаруу түзүмдөрү өңдүү шарттары эске алынат.

Фэй Тейлор.
Фэй Тейлор.

Билим тармагы боюнча адис Мырза Каримов окуу форумундагы демилгелер, сунуштар абдан кызыктуу экенин айтып, Кыргызстандын Билим берүү министрлигин аны өз учурунда пайдаланып калууга чакырды:

- Британ элчилиги иштешүүгө кадам таштады. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Билим берүү министрлиги, мугалимдер жана жогорку окуу жайлар тиешелүү суроону жана талапты туура коё билиши керек. Биздин окуу жайлар системдүү иштегенди билбейт. Ар ким көрүнгөн программанын артынан чуркап, өзү үчүн күн көрөт. Биз ушундай иш-чараларга чогулуп, өлкөдөгү ЖОЖдорду бир нукта өнүктүрүүгө бел байлап турабыз.

Форум келечектеги кызматташуу планын талкуулоо менен жыйынтыкталды. Британ кеңеши буга чейин Бишкекте британиялык билим берүү көргөзмөсүн өткөргөн. Алгачкы жолу уюштурулган иш-чарада Британиядагы университеттерде жана коллеждерде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кыргыз жаштарына маалымат берилген. Мындан тышкары, окуу жайлардын мугалимдерине англис тилин окутуунун жаңы ыкмалары боюнча маал-маалы менен тренингдер өткөрүлүп жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ысык-Көл: Куруттан баар тапкандар

Ысык-Көл: Куруттан баар тапкандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Депутат эмнеден уялышы керек?

Депутат эмнеден уялышы керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Инвестор менен элди элдештирүү аракети

Кыргызстан кен чыккан аймактарда жергиликтүү эл менен инвесторлордун чыр-чатактарын жөнгө салуунун жолдорун издеп жатат. Бул максатта атайын колдонмо даярдалды.

Буга чейин өлкөдө кен казган компаниялар менен жергиликтүү тургундар тил табышпаган, чатакташкан учурлар далай жолу катталган.

Маселен, ушул тушта Баткендеги Шамбесай алтын кенинин ачылышына каршы чыккандар көп.

Шамбесай кени Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан жана анда болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.

Инвесторлор үчүн чыгарылган китепче.
Инвесторлор үчүн чыгарылган китепче.

​Шамбесайдын ачылышына каршы чыккан жергиликтүү тургундар көп. Алардын бири Зарылбек Абдыкалык уулунун пикиринде, анын пайдасына караганда экологиялык зыяны көп:

- Эгер кен ачылса биздин экологияга өтө чоң зыяны тиет. Кен эл жашаган жерге, дарыяга жакын турат. Ошон үчүн элдин баары каршы. Анан экономика жагынан такыр эле пайдасы жок. Беш жылда 250 миллион сом салык төгөт экен, биз кенсиз эле, бак-дарагыбыз менен жылына 40 миллион сом табабыз. Кен ачылса бир эле эмес, 16-17 айылга зыяны тиет. Эң башкысы - экология жагынан өтө коркунучтуу. Мурда канадалык компания ача турган болуп, "бул жерде эл жашайт экен" деп ачпай калган. Эми кытайларга сатып, алар "ачабыз" деп жатыптыр. Азыр күч органдары бирден суракка алып барып, элге катуу кысым көрсөтүп жатат.

2-февралда Шамбесай боюнча Кадамжайда жыйын болот. Райондун акими Жаныбек Исаков анда компания элди ынандырганга аракет кыларын айтып берди. Ал айтылган дооматтар эске алынат деп ишендиргенге аракет кылды:

- Бул маселе 2012-жылдан бери көтөрүлүп келет. Компания цианид колдонбой иштей турган жаңы технологияны сунуш кылды. "Ошону элге жеткирели" дешти. Бизге биринчи кезекте аймактын тынчтыгы керек. Эл менен компаниянын ортосунда жакшы мамиле болсун, кирешебиз көбөйсүн, инфраструктурабыз өнүксүн деген тилегибиз бар. Компаниянын аракеттери, долбоорлору экспертизадан өткөн, мыйзамдуу. Бирок эл бир топ жылдан бери нааразылыгын билдирип келет. Эми биз колубуздан келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. "Ачылса жакшы болот эле" дейбиз. Албетте, элдин оюн да эске алып жатабыз.

Жерүй кенине каршы Таластагы нааразылык.
Жерүй кенине каршы Таластагы нааразылык.

Ал арада кыргыз бийлиги кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин чыр-чатагын жөнгө салуу, алдын алуу жолун издеп жатат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети донорлордун жардамы менен инвесторлорго, жергиликтүү бийликке кеп-кеңеш берген колдонмо даярдады. Анда кенге байланыштуу чыр-чатак чыккан аймактар тизмектелген, буга чейинки талаш-тартыштардын төркүнү, себеби учкай жазылган.

Сурамжылоонун негизинде жергиликтүү элди нааразы кылган жагдайлар айтылган. Маселен, анда "компаниялар ээнбаш, убадаларын аткарбайт, экологияга зыян келтирет, иши ачык эмес" деген өңдүү дооматтар бар. Колдонмодо кен казган компаниялар, инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иштешүү тартиби жазылган, укуктары, милдеттери көрсөтүлгөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскуловдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, соңку жылдары чыр-чатак кескин азайды:

- Бизде 2011-2012-жылдары кендин казылышына эл каршы чыккан, компанияларга нааразы болгон учурлар катталган. Мындан улам жумуш токтоп турган 43 объект бар болчу. Геологдордун лагерлери талкаланган, техникаларын айдап кеткен, айдоочуларды сабаган учурлар болгон. Ошол кездеги жетекчи Дүйшөнбек Зилалиев баш болуп региондорду кыдырып баштаганбыз. Мисалы 2014-жылы эле Зилалиев аймактарды 63 жолу кыдырган, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Азыр деле жаңжалдар бар, жок деп айта албайм. Бирок жаңжал мурдагыдай эмес, каршы чыккандар 100 пайыз болгон учурлар жок. Көбүнчөсү колдойт. Анткени биз кен иштесе кандай пайдасы болорун биз түшүндүрүп бердик. Бирок эл арасында каршы чыккандар бар. Биз муну ачык айтабыз, ишти улантып жатабыз. Мисалы Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенинин ачылышын эл колдойт, бирок алардын арасында каршы пикир айткандар бар. Ошон үчүн биз иштеп жатабыз.

Улан Рыскулов.
Улан Рыскулов.

Тимур Гайнанов - Кыргызстанда кен тармагында иштеген "Росгеоперспектива" компаниясынын өкүлү. Анын пикиринде, чет өлкөлүк ишканалар чыр-чатактын алдын алуу боюнча тажрыйбалуу болуп калды:

- Көп учурда чет өлкөлүк инвесторлор жергиликтүү айрым бир жагдайларды, салттарды толук түшүнбөйт. Ошондуктан алар ишке киришерде жергиликтүү эл менен карым-катнаштын болжолдуу иш-аракеттерин белгилеп алганы оң. Анын баары бул колдонмодо жазылган. Ал жерде инвестор ишке киришерде эмнелерди сөзсүз кылышы керек экендиги көрсөтүлгөн. Мурдагы иштеген жеримде мен Чаткалда адамдар кен казган компанияга каршы чыккан жагдайга туш болгом. Анан калса 2000-жылдардын башында биздин тажрыйбабыз аз болчу. Ошол учурда биз көп нерселерди билип, түшүнчү эмеспиз. Тилекке каршы дейбизби же бактыбызга жарашабы, азыр биз ошондой жаңжалдарды чечүү боюнча тажрыйба топтодук. Келечекте мындай чырлар чыкпашы үчүн өткөндөн сабак алышыбыз керек.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Тоо-кенчилердин кесиптик кошууну да чыр-чатактарды азайтуу боюнча өз сунуштарын берип жатат. Бул тууралуу кошуундун жетекчиси Элдар Тажибаев маалымдады:

- Мисалы, биздин кошуун инвестор, жергиликтүү бийлик, аксакалдар, аялдар кеңеши, жаштар уюмдарынан турган жергиликтүү коомчулук менен үч тараптуу келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо гана кен чыккан жерде туруктуулукту камсыздаса болот. Эгер компания оңдоп берген көпүрө сел болгондо бузулуп калса, нааразылык чыгат. Бир кылка иш болбойт. Ошондуктан иш системалуу жүрүшү керек. Дегеле тоо-кен тармагы ачык-айкын болушу зарыл. Киреше-чыгашасы, жамааты, канчасы чет өлкөлүк жумушчулар, канчасы жергиликтүү жарандар, алардын маянасындагы айырмачылыктар, иштөө шарты тууралуу ачык маалымат берилүүгө тийиш. Кийинки жылга пландары кандай - ушундай сандардын баары ачык болушу керек.

Кыргызстанда кендерге байланыштуу ири чыр-чатактар негизинен Кумтөргө байланыштуу чыккан. Анын айынан бир канча өкмөт башчы кызматынан да кеткен, президенттер маселени чечүүгө убада берген.

Бирок Кумтөр тууралуу дооматтар азая элек, маселе бир жаңсыл болбой турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Хакимов: Дин дүнүйө илимин алууну чектебейт

Адахамжан Хакимов.

Диний ишмер Адахамжан Хакимов билим алуунун зарылдыгы, экстремизмдин тамырлашынын себептери тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.

Адахамжан Хакимов - Жалал-Абад шаарындагы белгилүү диний ишмерлердин бири. Бир канча жыл бою имамдык милдетти аркалаган. Азыр калаадагы медреседе балдарга сабак берет. Молдо менен Жаштар эс алуу багында жайгашкан чоң мечитте жолугушуп, кепке тарттык.

"Азаттык": Кыргызстанда экстремисттик топторго аралашкандардын көбү Ош, Жалал-Абад аймактарындагы жаштар экени айтылат. Бул канчалык чындыкка дал келет жана себептери эмнеде деп ойлойсуз?

Хакимов: Бул жөнүндө менде толук маалымат жок. Бирок себептерине токтоло турган болсок, жаштар арасындагы жумушсуздук, экинчиден билим деңгээлинин улам төмөндөп баратканын негиз кылып айтсак болот. Билим дегенде диний окууну эле мисал кылганым жок. Заманбап, дүйнөлүк илимдерди үйрөтүүдө да деңгээл төмөн болууда.

"Азаттык": Дүйнөбий жашоону жактаган айрым кишилерде “диний таалимге өтө эле эркиндик берилгени экстремисттик топтор үчүн пайдалуу болуп, алар өз идеяларын жайылтууда” деген пикирлер бар. Буга сиз кошуласызбы?

Хакимов: Туура эмес. Биринчиден, дин эч качан зөөкүрлүккө чакырбайт. Бул жерде социалдык, саясий, экономикалык кыйынчылыктарды да караш керек. Жашоодо түрдүү мүшкүлгө кабылган, кыйналган кишилер экстремисттик топторго кошулуп, жакшы турмушту башка жактан издеп калып жатышат. Чыныгы диндин коомго жайылышы радикалдашууга алып барбайт. Дин адамдарды жакшылыкка жетелейт.

"Азаттык": Кээ бир ата-энелер балдарына билим берүүдө бир тараптуу чечим кабыл алган учурлар бар. Айрымдар дүнүйө илимин, тагыраак айтканда мектепти тандайт. Кээ бирлери баласына диний билим берүүнү гана көздөйт. Бул боюнча талаш-тартыш да бар. Мындай карама-каршылыкты жөнгө салуу мүмкүнбү?

Хакимов: Ата-энелерге, жаштарга айтарым: шарият жактан алганда да илим үйрөнүү баарына - эркекке да, аялга да парз. Бул жалаң диний билим менен чектелиши керек деген сөз эмес. Дүнүйөлүк илимдерди үйрөнүү да парз.

Адам жашоосунда эмнеге муктаждык сезсе, аны билиши зарыл. Бул эң керектүү эреженин бири. Коомчулукка кандай илим зарыл болсо, аны өнүктүрүү, окутуу жана үйрөнүү абзел. Ар бир тармактын билимдүү өкүлдөрү болушу керек. Аны диний ишмерлер да элдин кулагына сиңирип турууга тийиш.

Сиз айткан суроого келсек, айрым үй-бүлөлөр динди гана тандап, балдарын дүнүйө илимден алыстатып коюуда. Борбор Азиянын эле тарыхын карайлы. Көп илимий ачылыштар ушул чөлкөмдөн башка жакка жайылган. Медицинада Ибн Сина, башка илимдерде, мисалы жер таанууда, математикада Беруни, Хорезми жана башкалар бизден чыккан. Андай ойчулдарды, илимпоздорду көп санасак болот. Алар жашаган кезде дин жайылтуу аябай күчөгөн болчу. Ошол учурда деле дүнүйөлүк илимдерди үйрөнүп, ачылыштарды жасашкан.

Андан тышкары, тарыхта белгилүү диний ишмерлер да Борбор Азияда жашаган. Демек, ар тараптуу илим үйрөнүүгө муктаждыкты сезишкен. Азыр эми адамдарыбыздын караңгылык деңгээлине түшүп калганынын себеби – билим алууга умтулуунун солгундап кетишинде.

"Азаттык": Билим алууга кызыгуунун жоголуп кеткенине кандай себептер бар?

Хакимов: Илим үйрөнүүгө, окууга кызыгуунун азайышына социалдык турмуштагы жетишпестиктер, жумушсуздук негиз болууда. Андан тышкары, адамдарда байлыкка кызыгуу күчөдү. Дөөлөттү гана ойлоп калган коом илимге азыраак көңүл бурат. Совет өкмөтү кулаганда элдин эртеңки күнгө ишеними да бир топ убакытка жоголгон. Эл эмне кыларын билбей калган. Көр тирилик үчүн акча топтоонун, байлык жыйноонун амалын көрүп калган. Анын айынан билим алуу маселеси артта калып кеткен.

"Азаттык": Диний агымдарды айтып жүрбөйбүзбү. Алардын пайда болуу себептерин эмнеден көрөсүз?

Хакимов: Инсандын дүйнө таанымы дайыма карама-каршылыктардан турат. Адамзат жаралгандан бери ушундай. XX кылымда, XXI кылымдын башында саясатта да, башка багыттарда да өзгөрүүлөр болду. Ага жараша аң-сезим да өзгөрдү. Айрыкча Совет өкмөтү ыдырыган соң адамдарыбыз дүйнөгө бет алды. Мурда алкактан чыга албайт элек, мындайча айтканда, камакта жашайт элек.

Ар кандай агымдардын пайда болушунда саясий топтордун таасири да бар. Адамдар алапайын таппай калган токсонунчу жылдары андай агымдар элге сүңгүп, өз идеяларын жайылтканга аябай ыңгайлуу учур болду. Ата-энелер да, мамлекет башындагылар да жаштардын тарбиясын этибар албай калган кез болду. Диний билимге да, дүйнөлүк билимге да жакшы көңүл бурулбады. Мындай учурда сырттан келген агымдар өз таасирин күчөттү.

"Азаттык": Экстремизм, терроризм биздин коомго канчалык коркунуч жаратууда? Мамлекеттик органдардын бул жаатта коңгуроо кагып жатканы канчалык негиздүү?

Хакимов: Бул кооптонууларды күчөтүлүп айтылып жаткандай кабыл алам. Диндер арасында өтө эле чоң карама-каршылык, жек көрүү жок болчу. Мындай жагдайды саясий тирештер күчөтүп салды. Адамдар бири-бирине жамандык каалабайт. Коомчулук саясий оюндардын курмандыгы болуп калууда...

Маекти бул жерден толук угуңуз:

"Дин дүнүйө илимин алууну чектебейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:22 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Абактагы саясатчылар ачкачылык жарыялашты

Камактагы саясатчыларды коргоо акциясы. 2017-жыл

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков ачкачылык жарыялагандан улам ден соолугу начарлап, УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулду.

Ушундан улам оппозициядагы саясатчылардын 31-январга белгиленген соту болбой, башка күнгө жылды. Буга чейин камактагы оппозициячылар өз укугу одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып, ачкачылык жарыялашкан.

Камактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков ачкачылык жарыялаганына байланыштуу ал экөөнүн ден соолугу начарлап кеткени 31-январда маалым болду.

Ишти жабык караган судья камактагы Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков "ачкачылыктан кийин ден соолугу начарлап №47 колонияга которулду" деп айтканын “Азаттык” радиосуна адвокаттардын бири Нина Зотова кабарлады.

Ал эми Кадыров менен Асановдун адвокаты Данияр Мамановдун айтымында, соттолуучулар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, ачкачылык жарыялашууда:

- Алар "азыркы каралып жатканы иш - түздөн-түз саясий куугунтук, анын башында УКМКнын жетекчиси турат" деп айтып жатышат. Ошондуктан Бектур Асанов 30-январда "кургак ачкачылык" баштаган, 31-январда ага Эрнест Карыбеков кошулду. Эгерде алардын кайрылуусуна тийиштүү жооп болбосо, 1-февралда Кубаныч Кадыров да ачкачылыкка кошулат.

Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду жана Кубанычбек Кадыровду бошотууну талап кылган митинг. 2017-жыл.
Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду жана Кубанычбек Кадыровду бошотууну талап кылган митинг. 2017-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн №47 абакка Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков которулганын ырастап, ал экөө мындан ары дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди.

- Ачкачылык токтогондон кийин алар кайра УКМКнын тергөө абагына которулат. Ага чейин дарыгерлер карап турушу керек. Азырынча Кубанычбек Кадыров тууралуу айта албайбыз, ал эми Асанов менен Карыбеков бүгүн № 47 колонияга которулду, - деди ЖАМКтын өкүлү Александр Никсдорф.

№47 абакта соттолгондордун ден соолугуна кам көрө турган​ борборлоштурулган оорукана бар.

Камактагылардын кайрылуусу

Камактагы үч саясатчы парламент депутаттарына жана коомчулукка жиберген кайрылуусунда алар эч далилсиз соттолуп жатканын, бийликтин саясий туткунуна айланганын жазышкан.

Бектур Асановдун жубайы Алтын Кадырова акыркы ирет жолдошу менен жаңы жылдын алдында жолукканын “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал УКМК кездешүүгө уруксат бербей жатканына нааразы. Жолдошунун ачкачылык кармап жатканына кейиген Кадырова быйыл ноябрь айында Бектур Асанов операциядан чыкканын эске салды:

- Ага негизи ачкачылык кармаганга болбойт, бирок жаны ачыганынан ушуга барып жатса керек. Мыйзам боюнча эки жумада бир жолу жакындары менен жолугушууга уруксат берилиши керек. Бирок бизге эмне үчүн кездештирбей жатканын түшүндүрбөй жатышат. Иштин бардыгын УКМК жалган жалаа менен баштап, азыркыга чейин улантып келе жатат.

Анткен менен бул кылмыш ишин козгогон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет сөз болуп жаткан саясатчылар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярданганы тергөөдө далилденген деп эсептейт. Бул аудио-видео далилдерден тышкары мамлекеттик сыр катары ачыкка чыкпай турган кошумча фактылар бар экени айтылган. "Мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыпталган эксперт Эрнест Карыбековду "чет элдик чалгын кызматы менен байланышкан" деген маанидеги тасма улуттук телеканалдан көрсөтүлгөн жайы бар.

Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Токон Мамытов УКМК далилдердин негизинде гана иш жүргүзүп келе жатканын айтты:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Негизинен бир сөз менен айтканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жалган жалаа менен ишти бурмалап сотко алып бара албайт. Себеби сот, прокурорлор тергөөнүн жүрүшүн талдап, карап турушат. Андыктан соттолуучу тараптын айткандарына көп ишене бербейм.

Камактагы оппозициялык саясатчылардын соту жабык өтүүдө. Камактагы Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров менен Эрнест Карыбековдон тышкары коомдук ишмер Дастан Сарыгулов да айыпталуучу катары көрсөтмө берип келе жатат. Сарыгулов өзү үй камагында болгондуктан сот ага иш боюнча кандайдыр расмий билдирүү таратууга тыюу салган.

Укук коргоочу Акин Токталиев күч кызматкерлеринин тергөөдө кетирген каталары коомчулукка жарыяланбашы үчүн оппозициячы саясатчылардын иши жабык өтүп келатканына токтолду.

- УКМК башынан эле бул иш ачыкка чыгып кетпесин деп көзөмөлдөп келет. Соттун баары көз каранды болуп калбадыбы. Иш өтө эле саясатташып кетти. Негизинен бул жерде далилдерди талдай келгенде саясатчыларды камакка ала турган бир да жагдай жок.

Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.

2016-жылдын март айында Коомдук биринчи канал "оппозициянын айрым өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү" деген видео сюжетти көрсөткөн. Анда оппозициянын өкүлү Эрнест Карыбеков Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышта болгону айтылган.

Ошондой эле саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун "бийликти басып алууга" байланыштуу деген телефондук сүйлөшүүлөрү телеканалдардан жарыяланган. Андан соң эксперт Эрнест Карыбеков менен коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун машинеде отуруп сүйлөшкөн видео тасмасы чыккан. УКМК аларды катары менен кармап, "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген негизде айып тагып, камакка алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. 2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет.

"Азаттыктын" архиви: 3-ноябрь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шаарды өксүткөн жылуулук

Шаарды өксүткөн жылуулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:24 0:00

ЖЭБдеги кырсык: Күнөө бар, күнөөлүү жок...

Исаков: ЖЭБ боюнча жоопкерчиликти өзүмө алам
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча Жогорку Кеңешке маалымат беришти.

Парламент жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык үчүн бардык жоопкерчиликти өз мойнуна аларын билдирди.

Ал кырсык тууралуу ЖЭБ кызматкерлери, тийиштүү мекемелердин жетекчилери бири-бирине дал келбеген маалыматтарды айтып жатканын мойнуна алып, депутаттардын көпчүлүк суроолоруна өзү жооп берди.

Жоопкерчиликти өзүмө алам. Бирок кырдаалдын кесепеттерин жоюу, мындан ары кандай иш кылыш керек, кандай кадрдык саясат жүргүзүш керектигин өзүм чечем.
Сапар Исаков

- Мен бул жоопкерчиликти өзүмө алам. Бирок кырдаалдын кесепеттерин жоюу, мындан ары кандай иш кылыш керек, кандай кадрдык саясат жүргүзүш керектигин өзүм чечем. Себеби жоопкерчиликти өзүмө алып жатам. Көп нерселерди, анын ичинде "ал жерде коррупция бар" деп угуп жатам. "ЖЭБде кээ бир жабдууларды "салдык" деп салбай койгон" деп жатышат. Мунун баары имиштер. Бирок баарын иликтеп, карап чыгуу керек. Ошон үчүн кылмыш иши козголуп жатат.

"Калиевди кызматтан алыңыз"

Өкмөт башчысы бардык жагдайларды өкмөттүк комиссия иликтеп чыгарын айтып, ага депутаттарды да мүчө болууга чакырды. Исаков алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгы менен «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырганын билдирди.

Бул жоопко ичи чыкпаган айрым депутаттар энергетика тармагынын башында отурган аткаминерлерди жоопко тартууну талап кылышты.

КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов ЖЭБдеги кырсык боюнча "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиевди кызматтан кетирүүнү талап кылып, "болбосо өзүңүз кетиңиз" деп жарга такады.

- Биринчи болуп Калиевди жумуштан алышыңыз керек. Бардык жоопкерчилик ошондо. Сиз энергетика тармагын холдингге бириктирип, ушул жаш жигиттин колуна берип койдуңуз. Калиев кызматка келгенден бери кайнатасынан баштап курсташтарына чейин айланасына чогултту. ЖЭБдеги кырсык - ушундай кадр саясатынын жыйынтыгы. Миллион бишкектик бизди, өкмөттү каргап жатат. Энергетика тармагында дилетанттар отурбашы керек. Эгер Калиевди кетирбесеңиз, өзүңүз кызматтан кетиңиз.

Сапар Исаков Айбек Калиев өз ыктыяры менен иштен кетүү боюнча арыз жазганын, бирок аны кабыл албай турганын билдирди. Ал Калиевди ишбилги кадр катары сыпаттап, депутаттардын сынынан коргоп жатты.

Негизги суроо ЖЭБди жаңылоого кеткен 386 миллион доллардын тегерегинде болду. Отун-энергетикалык комплекс боюнча парламент комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев модернизация техникалык-экономикалык негиздемеси жок ишке ашканын сынга алды.

Премьер-министр бул иште жемкорлук фактылары четке кагылбай турганын кыйытып, иликтөөнүн жүрүшүндө “коррупция” беренеси боюнча да иш козголушу мүмкүн экенин айтып өттү.

Бишкек: ЖЭБдеги кырсыкка элдин ою кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00
Түз линк

Карыздан коркпогон депутаттар...

386 миллион доллардын дайыны чыкпай жаткан жыйында өзгөчө сунуштар да болбой койгон жок. “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров күнөөлүүлөрдү издеп отура бербей, ЖЭБди толук жаңылаш үчүн дагы 250 миллион доллар карыз алууну сунуш кылды.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- "Ким күнөөлүү же күнөөлүү эмес?" деген маселени карап отура бербей, ЖЭБди толук модернизация кылуу керек. Ошондуктан, Сапар Жумакадырович, дагы канча акча керектигин айтсаңыз. 250 миллион доллардай кетсе керек. Тышкы карызды көбөйтүүгө уруксат берип, үч айдын ичинде каражатын чечип берели. Анткени эмки кышта -45 градуста да иштегидей болсун. Болбосо ЖЭБ ушул боюнча калат. Дагы карыз алып, модернизацияны толук бүтүрөлү.

Жыйын соңунда ЖЭБдеги кырсыкты жана 386 миллион доллардын кайда корогонун иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү комитет өкмөттүн кышка камылгасын жетишсиз деп таап, күнөөлүүлөргө кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага сунуш кылды.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо иши 2014-жылы башталып, былтыр аяктаган. Ага Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллар жумшалган. Убагында бийлик жаңылоо иштери жүз пайызга аткарылганын айткан. Бирок Сапар Исаков ЖЭБдин 30 гана пайызы жаңыланганын айтып, толук жаңылоого дагы 600 миллион доллар керектигин билдирди. Бишкек жылуулук борборунда 26-январда кырсык болуп, анын айынан борбор шаар төрт күн бою ысык суусу, жылуулугу жок калган.

ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ала-Арча суусу ташып, үч үйдү каптады

Ала-Арча суусу ташып, үч үйдү каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Москва: айылын унутпаган мекендештер

Айылдагы бала бакчага жардам. "Акталаа" коому.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар атайын коомдорду түзүп, туулуп-өскөн айылына көмөк көрсөтүп жүрүшөт.

Москвада жүргөн айылдаштардын «Катыраңкы» коому төрт жыл мурда түзүлгөн. Анын мүчөлөрү кичи мекенине, Базар-Коргон районундагы Катыраңкы айылына жардамын аяшпайт. Коомдун жетекчиси Максат Жапаров буга чейин аткарылган иштер жөнүндө кеп салды.

- Отуздай мүчөбүз бар. Жылына 100-120 миң рублга чейин топтолот. Айылга жарым миллиондой акча жумшадык. Мүрзөгө кашаа коюп бердик, жолду оңдодук, эл чогулган жерге темирден отургуч менен үстөлдөрдү жасадык.

Айыл өкмөтү ачкан бала бакчанын ички жасалгасына акчалай жардам бердик. Эми айылдагы электр устундарын оңдойлу деп турабыз. Андан тышкары, суу маселеси да бар. Бул каражатты көп талап кылган жумуш, бирок белдүү адамдар чыкса, колдон келишинче салым кошобуз. Андан тышкары, мектеп окуучуларына стипендия чегерип берсек, балдардын билимге умтулуусу күчөп, билимдүү жаштарыбыз көбөйөт эле деген ойлорубуз бар.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кенжекул айылынан келген жердештер да Москвада өздөрүнүн айылдык коомун түптөшкөн. Сыдык Исиров чет жердеги ынтымактын күчү менен айылда бир топ иштер жасалып жатканын айтып берди.

- Москвадагы жаштар биригип, бири-бирибизге жардамдашып келгенбиз. Былтыртан бери коом катары кеңейип, биргелешип иш жасап жатабыз. Айына миң рублдан чогултабыз. Айылда чоң-чоң иштер болуп калганда кошумчабызды кошобуз. Былтыр айылдагы көчөлөргө жарык коюп бердик. Жол начар эле, ага шагыл төгүлдү. Мектепке таза суу чыгарылды. Бир айылдашыбыздын жардамы менен Интернетке туташтыралы деп демилге көтөргөнбүз, ал туруп калды. Бизде аялдама жок эле. Жаштардын бир мууну үч аялдама куруп берди. Эми эски спорт клубду оңдоп жатышат, анан спорттук аянтчага ылайыктуу жер бар. Клубга жабдыктады сатып берип, курулуштарын бүтүрөлү деп турабыз.

Кенжекул айылы.
Кенжекул айылы.

​Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун жаштар бирикмесинин өкүлү Акжол Келгенбаев кайрымдуулукка да көңүл буруларын айтты:

- Былтыр айылдын бала бакчасындагы эски темир керебеттерди алмаштырып бердик. Заманбап үлгүдөгү керебеттерди, балдарга оюнчуктарды жана керектүү эмеректерин алганбыз. Андан тышкары оорукчан, майып айылдаштарга кышкы тамак-аш, кийим-кечесин алып берип, акчалай жардам көрсөттүк. Москвада да ич ара жардамдашып жүрөбүз.

Айылдык коомдордун негизги максаты - жер-жерлердеги олуттуу көйгөйлөрдү биргелешип чечүү. Бирикменин мүчөсү Мыктар Жантороевдин айтымында, чет жактагы кыргызстандыктардын айылдагы жашоо-шартын жакшыртууга далалаты күч:

- Биз Өзгөн районунун Эски Покровка айылынан болобуз. Жердештер башыбызды бириктирип, биз деле коом түзгөнбүз. Эки жылда айыл өкмөттөн 55 сотых жер үлүшүн бөлдүрүп алып, эки волейбол жана бир футбол аянтын курдук. Тегерегин тосмолоп, 6 миң түп теректин көчөтүн отуруздук.

Бала бакчага жардам.
Бала бакчага жардам.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн жаштары негиздеген «Жаңылануу» коомунун үч жүздөй мүчөсү бар. Коомдун лидерлеринин бири Манас Полотов мигранттардын күчү менен айылдарда жасала иштер тууралуу кеп салды.

- Мектепке, жаңы ачылган бала бакчага акчалай жардам бердик. Балдар аянтчасынын тосмосун жана тамак бышырган коломтосун ашар кылып, куруп бердик. Андан сырткары оорукчан жана жардамга муктаж айылдаштарга каралашабыз. Эн чоң жетишкендигибиз - айылдын жаштарын сергек жашоого үндөп, спорт аянтчасын куруп бердик. Москвада ооруп же кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө каралашабыз. Жакында айылга мечит курууну пландап жатабыз.

"Жанылануу" коому курган спорт аянты.
"Жанылануу" коому курган спорт аянты.

Орусияда Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген жердештердин мындай чакан айылдык коому жүздөп саналат. Айрымдарынын түптөлгөнүнө он жылдан ашса, калгандары башкалардан үлгү алып, жаңыдан түптөлүп жатат.

Айылдык коомдор жер-жерлерде олуттуу маселелерди чечүүдө өкмөттүн мигранттардын демилгелерине колдоо көрсөтүшү, айылдарды көтөрүү боюнча атайын долбоорлорду иштеп чыгышы маанилүү болуп турганын белгилешет.

«Кенжекул» коомундагы Сыдык Исиров азырынча мигранттар колдон келишинче аракет кылып жатканын айтты:

- Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары менен иштешебиз. Айыл өкмөттүн кылган иштери жөнүндө отчет алып турабыз. Албетте, өкмөттөн жардам керек. Ар ким өз билгенин кылып жатат. Өкмөт максаттуу долбоорлорду алып чыгып, сунуш кылып турса, жаштар көтөрүп, колдоп кетет. Кайсы бир шайлоону же депутатты күтпөй, өзүбүз жапа тырмак киришип, чечип кое алабыз.

«Катыраңкы» коомунун жетекчиси Максат Жапаров мигранттардын аракеттери колдоого алынып, максаттуу ишке ашырылышы керек деген ойдо.

- Мындай иштерди айыл башчылары менен өкмөт чогуу алып барышы керек. Буга чейин паракорчулук, бут тосуу дегендер болгон жок. Мигранттардын айылдык фонддорунда деле өз алдынча иш алып баруу оор. Жергиликтүү бийлик менен кеңешип, макулдашып иш алып барса, натыйжалуу да болот деген ойдомун.

Учурда Орусияда 650 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Былтыр январь-октябрь айларында мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 300 миңге чукул каражат которушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мамыров: Көп өлкөлөр ЖЭБден баш тартууда

Ашыкча энергияны сактачу күн аккумулятору

60 жыл мурун курулган Бишкек ЖЭБинин эскилиги жетти. Учурда дүйнөдө борборлоштурулган жылуулук системасы колдонуудан чыгып, үйлөр жекече жылытууга өтүп жаткан чагы. Кыргызстан да калкты жылуулук менен камсыз кылуунун өлкө шартына ылайык заманбап ыкмаларын иштеп чыгышы зарыл. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана жылуулук боюнча серепчи Райымбек Мамыров айтып берди.

"Азаттык": Райымбек мырза, Бишкек ЖЭБинин тегерегинде болгон окуянын шарында жалпы өлкөдөгү жылуулук тармагы боюнча сөз кылсак. Сиздин пикириңизде кыргыз өкмөтү бул багытта кандай иштерди жасашы керек эле?

Райымбек Мамыров: Дүйнө жүзүндө биздикине окшогон жылуулук борборунан сууну ысытып, аны 30-40 чакырымга ташып берген жылуулук системалары аз. Таптакыр эле жок болуп баратат десек да болот. Жетишкен мамлекеттерде ЖЭБдер райондордун аймагына, чоң-чоң үйлөрдүн жертөлөлөрүнө курулган. Ал жерде сууну ар кандай жолдор менен: электр энергиясы, газ же отундун башка түрлөрү менен ысытышат. Биз деле бара-бара Бишкек ЖЭБинин жылуулугунан баш тартып, ошондой ыкмага өтөбүз го дейм. Эгер ЖЭБдин реконструкциясын жасайбыз дешсе, анда ошондой эсептерди жүргүзүп, мүмкүн кээ бир райондорду өзүнчө жылытуу системасына өткөрүү зарыл.

"Азаттык": Бишкек ЖЭБи шаардыктарды гана жылытат. Жалпы республиканын масштабында жылуулук маселесин кантип чечсе болот деп ойлойсуз?

Райымбек Мамыров.
Райымбек Мамыров.

Райымбек Мамыров: Мындай маселе отундун түрүнө жана ошол жерде бар отунду пайдалануунун же ал жерге отунду жеткирүүнүн чыгымына жараша каралат. Мисалы, Таш-Көмүр шаарында, Сүлүктүдө, Кызыл-Кыяда көмүр бар. Демек алар көмүргө басым жасашы керек. Ош шаарында болсо газ жакшы болуп атат. Андыктан алар көгүлтүр отту пайдаланса арзан түшөт. Буга Жалал-Абад, Кочкор-Ата да кирет. Нарынга Кара-Кече жакын. Ал жерге көмүр менен иштей турган ЖЭБдер курулушу зарыл. Каракол шаарында Жыргалаң шахтасын эске албаганда отундун ыңгайлуу түрү жок. Газ алып баруу кымбат. Ал жердин маселесин электр энергиясы менен чечсе болот. Айтайын дегеним, ар бир шаарга өзүнчө ыкма менен мамиле кылуу зарыл. Тактап айтканда, жылуулук маселесин чечүүдө экономикалык так эсеп керек.

"Азаттык": Сиз ошондо “республикадагы жылытуу системасы эскирди, ал дүйнөлүк тажырыйбаларды эске алып, экономикалык кызыкчылыкты көздөп, кайрадан жаңыланыш керек” деп эсептейсиз...

Райымбек Мамыров: Ооба. Себеби, бүгүнкү күндө бардык маселени экономика чечип жатпайбы. Ар бир киши өзү да жеке кирешелерин эске алып, жылуулукту кайдан алса арзан түшөрүн эсептеп көрөт да. Мен деле эгер үйүм четки райондо жайгашып, келген жылуулук кымбатка түшүп жатса, аны эсептеп көрүп, ашыкча чыгаша болсо баш тартам. Мүмкүн мага газды пайдаланган туура келбей калышы мүмкүн. Мамлекет да республикадагы жылуулук системасын курууга жеке адамдай мамиле кылууга тийиш.

Азыр жөн эле “эскирип калыптыр, баарын алмаштырыш керек” деп, аны жасап бүткөндөн кийин ага кеткен насыя өзүн актабай калып жатпайбы. Кеткен чыгымды албетте, жылуулук сатып алган кишилер төлөйт. Аларга мамлекет дотация төлөп бере албайт. Ошондуктан реконструкция кылаарда өндүрүлгөн жылуулук жана анын сатылышы жакшылап эсептелип чыгышы өтө зарыл.

Жылуулук борборунун бузулушунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыдырбаев: Ишкерликти түшүнгөн кадрлар аз

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан салык төлөп, ачык-айкын иштеп жаткан ишкерлер үчүн бейиш болушу керек. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Улук Кыдырбаев "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди.

“Азаттык”: Улук мырза, сиздердин альянс түзүлгөн 10 жыл ичинде эмнеге жетише алдыңыздар?

Улук Кыдырбаев: Биздин альянста 70тен ашуун ассоциация бар. Булардын баары бир күч. Биздин чоң жетишкендигибиз – бул мыйзамдарды оңдоо. Албетте, Кыргызстандын канчалаган мыйзамдары бар, тез арада баарына өзгөртүү киргизе албайбыз. Аны кадам-кадам менен иштеп жатабыз. 2005-жылдан бери салык мыйзамдары боюнча катуу иштеп келатабыз. 2009-жылы Салык кодекси кабыл алынган. Аны иштеп чыгууга биздин мүчөлөр катышты. Андан сырткары текшерүү иштери боюнча жаңы мыйзам, жаңы методика кабыл алынган.

“Азаттык”: Сиздердин бүгүнкү мааракелик форумуңуздарда ар кайсы тармактар боюнча өзүнчө маалымат берилет экен. Кийинки жылдары кайсы тармак өнүгүп, кайсынысы артка кетти?

Улук Кыдырбаев. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагындагы өздүк баракчасынан алынды.
Улук Кыдырбаев. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагындагы өздүк баракчасынан алынды.

Улук Кыдырбаев: Бүгүнкү күндө зергерчилик артка кетти. Алардын маселесин беш жылдан бери айтып келатабыз. Чечилбей келатат. Андан сырткары, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү маселеси да ордунан жыла элек. Курулуш, жеңил өнөр жай тармагында жылыштар болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул багытта ассоциация да жакшы иштеп жатат. Мындан тышкары маалымат технологиясы, IT боюнча жогорку технологиялар паркы түзүлгөн. Компьютер адистери чет мамлекеттерге кызмат көрсөтүп жатышат. Бул тармакта чоң жумуштар жасалып жатат.

“Азаттык”: Учурда ишкерлер менен мамлекеттик органдардын, бийликтин карым-катнашы альянс түзүлгөндөн бери өзгөрдүбү? Бийлик сиздердин сунуштарды канчалык деңгээлде кабыл алууда?

Биз маселе көтөрөбүз, келишебиз, тил табышабыз, бардык тараптар макул болобуз, бирок аткарууга баратканда башка нукка бурулуп калып жатат.

Улук Кыдырбаев: Биз ар дайым абал жакшырат, биздин сунуштар кабыл алынат, эске алынат деген үмүт менен карайбыз. Баары аткарылат дегенден алыспыз. Бирок чындыгында кызматташуубуз тыгыз эле болуп жатат. Биринчиден, Экономика министрлиги менен ар бир маселе боюнча тез-тез чогулуш болуп турат. Биз бир маселени өкмөттүк деңгээлде көтөргөнүбүз менен аны аткаруу жагында маселелер болуп жатат. Ушуну менен күрөшүүнүн өзү чоң көйгөй болуп жатат. Бөлүм башчылардын, башкармалыктардын адистеринин түшүнүгү аз болгондуктанбы же башка себептен уламбы, айтор кээде маселе жылбайт. Биз маселе көтөрөбүз, келишебиз, тил табышабыз, бардык тараптар макул болобуз, бирок аткарууга баратканда башка нукка бурулуп калып жатат.

“Азаттык”: Көп ишкерлер менен сүйлөшкөндө, өзгөчө инвесторлор менен иштеген, ишкерликти илгерилетүү багытындагы кадрлардын жетишсиздигин айтышат. Ишкердик эмне экенин билбеген адамдар отурганын сынга алышат. Сиз да бул пикирге кошуласызбы?

Улук Кыдырбаев: Чындыгында ошондой маселе бар. Кээ бир министрликтерде тажрыйбалуу эле адистер ишкерлик эмне экенин түшүнбөйт. Ошондуктан кээ бир чечимдер ишкерлерге каршы кабыл алынып калат.

“Азаттык”: Азыр деле, буга чейинки мамлекет жетекчилери деле Кыргызстан ишкерлер, инвесторлор үчүн бейиш болушу керек экенин айтып жүрүшөт. Сизге ошол "бейиш" сезилип жатабы?

Улук Кыдырбаев: "Бейишти" көргөнгө аракет кылып жатабыз. Бул үчүн биз, ишкерлер да аракет кылышыбыз керек деп ойлойм. Бул жерде көмүскө экономика жөнүндө айтса болот. Кээ бирлер паракорчулук, жемкордук менен иш кылып жатышат. Мунун мыйзамдуу, бардык салыктарды төлөп иштеп жаткан ишкерлерге аябай зыяны тийип жатат. Басым кылып жатышат, алар менен атаандаша албай жатышат. Ошондуктан ушул жагынан алганда адилетсиздик бар. Биринчиден, Кыргызстанды мыйзамдуу иштеген ишкерлер үчүн бейиш кылыш керек. Экинчиден, мамлекеттик мекемелердин иштөө тартибин реформа кылуу зарыл.

“Азаттык”: Ысык-Көлдөгү “Осьминог” рестораны өрттөнгөндөн кийин бир катар депутаттар ишкерлер кылмыштуу топтордун кысымына кабылып жатканын айтып чыгышты. Чын эле ушундай жагдайлар барбы? Деги эле ишкерлердин укугу корголуп жатабы?

Улук Кыдырбаев: Бул окуя көрсөтүп жатпайбы, басым бардыр. Андан тышкары башка да окуялар коомчулукка билинбей калып жатпайбы. Азыр көп ишкерлер бизнес-ассоциация деген эмне экенин, анын маанисин түшүнбөй жатпайбы. Көбү ошол ассоциацияларга мүчө болуп кирбей, алардын колдоосун ала албай, өз алдынча болуп, укуктары корголбой калып жатат.

Редакция: Бүгүн Бишкекте Бизнес-ассоциациялар альянсынын түзүлгөнүнө 10 жыл болгонуна байланыштуу форум өтүп жатат. Анда ар кайсы тармактар боюнча кыскача маалыматтар берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG