Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:35

Кыргызстан

"Жөрмөлөткөн" жөлөкпул

"Жөрмөлөткөн" жөлөкпул
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:32 0:00

Закиров: Кыргызстандын атына жамынган товар көп

Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн кийим продукциясында формальдегид уулуу заты табылганын бир катар казак маалымат булактары жазып чыкты.

"Азаттык" Соода жана өнөр жай палатасынын Текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров менен маектешип, бул кабар кыргыз өнөр жай тармагына кандай залакасын тийгизиши мүмкүн экенин сурады.

"Азаттык": Амир мырза, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү ушундай мүчүлүштүк кетириши мүмкүнбү?

Амир Закиров: Муну эксперттер көрүш керек жана албетте иликтөө жүргүзүлүшү керек. Бул товар кайсы жерден өндүрүлгөнүн, кайсы жерден келгенин иликтөөнү жүк ташуучу компаниялардан башташ керек деп ойлойм. Кайсы киши кайдан сатып алганын, кандай жол менен алып келгенин жана товар кайсы складда турганын текшериш керек. Формальдегиддин өзгөчөлүгүн көрүш керек да. Балким товар түз эле келген, бирок сактоочу камерага уу себилген болушу мүмкүн.

Экинчиден, азыр көптөр товарды Кытайдан өндүрүп, аны Орусиянын жана Казакстандын базарларында Кыргызстандын атынан сатып жатышат.

Үчүнчүдөн, Казакстан кытай-казак чек арасында "Хоргос" базарын ачышкан. Алар көптөн бери эле ошол базарды жарнамалап, бизге акысыз орун сунуштап келишет. "Хоргос" базарында Кытайдан келген сапатсыз кийимдер сатылат. Алматыдагы ишкерлер жакын болсо да ал базарга барбастан, "Дордойго" келип товар алышат. Балким бул "Дордойго" тиешелүү "кара пиар" болушу мүмкүн. Балким уулуу товар "Хоргостон" келип, бирок Кыргызстандыкы деп айтылып жатат. Кыргызстанда балдардын кийимин өндүрө турган эки же үч эле компания бар. Алардын баарынын сертификаттары бар.

"Азаттык": Товарды сатып алып жатканда анын сапаты тууралуу сертификаты болот эмеспи. Биздин өндүрүүчүлөрдө ошондой сертификаттар барбы?

Амир Закиров: Эгер базарда сатылган товарды айтсак, алардын сертификаттары жок. Эгер сатуучу өндүрүүчүлөр менен түздөн-түз иштесе, анда сөзсүз түрдө сертификат болот. Эгер бул товар чын эле бизден чыкса, анда күнөө бизде. Бирок Кыргызстандан өндүрүлбөгөн эле товарды бизге таңуулай берсе, анын бизге такыр тиешеси жок да, туурабы? Бул Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн аброюна шек келтирип жатпайбы. Аны биздин тиешелүү органдар изилдеп чыгыш керек деп ойлойм. Бул маселе көз жаздымда калбаш керек.

"Азаттык": Эгер бул "кара пиар" экени далилденсе эмне кылыш керек?

Амир Закиров: Эгер бул "кара пиар" экенин далилдесек, албетте биз аны юристтер аркылуу жолун таап, казак тарап өзүнүн билдирүүсүн артка кайтара тургандай кылыш керек. Муну министрликтин деңгээлинде жасап, өзүбүздү актап чыгышыбыз керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыздарын мектепке жибербеген кишиге чара көрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында диний көз караштан улам мектепке барбай жаткан эже-сиңдинин маселеси атайын комиссиянын көзөмөлүнө алынды.

Райондук прокуратура билим берүүнү чектөө улана берсе, ага жол берип жаткан ата-энесине карата чара колдонуларын билдирди. Атасы кыздарын медреседе окутаарын билдирип, мектепке берүүдөн баш тарткан.

Ак-Суунун Сары-Камыш айылынын тургуну Азамат Алышбаев эки кызын диний көз караштан улам мектепке жибербей жатканын айылдагы Жүрсүн Субанбеков орто мектебинин директору Гүлмира Дүйшөналиева билдирди:

- Азамат Алышбаевдин үч кызы бар. 1-сентябрдан баштап эки кызы бүгүнкү күнгө чейин мектепке келе элек. Бир кызы Бишкектеги медресеге кирди, маалымкаты бар. Анан калган эки кызын сабакка жиберүүдөн баш тартууда. Бири 5-класстын окуучусу Сагындыкова Мухлиса, экинчиси 4-класстын окуучусу Сагындыкова Мухлима. 5-сентябрда барсак быйыл кыздарын окута албай турганын, медресеге бере турганын айтты.

Гүлмира Дүйшөналиева.
Гүлмира Дүйшөналиева.

Директордун айтымында, Азамат Алышбаев улуу кызын Бишкектеги медреселердин бирине окууга өткөрүп, тастыктоочу маалымкат да алып келген. Кичүү эки кызын мектепке да, медресеге да бере элек. Директор Гүлмира Дүйшөналиева кыздардын атасы "убактылуу окута туралы" деген сунушка да көнбөй жатканын айтты:

- Балдар жакшы окучу. "Мектепте окутуп тургула, медресеңер ачылган күнү алып кетесиңер, каршы болбойбуз" десек, "мектепке окута албайм, мен ушуга эле багыт алып алгам" деди атасы. Бир кызын медресеге окутса, экинчи кызын мектепке жиберүүнү сурандык. Бирок ал кыздар Куран окушу керектигин, аны устаттарга окута турганын айтты.

Алышбаевдин Сары-Камыш айылындагы үйүнөн бир да үй-бүлө мүчөсүн жолуктура алган жокпуз. Айылдаштарынан Азамат төрт айга дааватка кеткенин билдик.

Азаматтын иниси Эркин Алышбаев агасынын үй-бүлөлүк маселелерине кийлигише албай турганын, бирок чечимин кубаттай турганын билдирди:

- Ата өз балдары үчүн өтө жоопкерчиликтүү болуп, туура негизде окутушу керек. Туура тарбия бере турган жакка багыттайт. Бул эч кандай караңгылык же радикалдашуу эмес. Эң негизги нерсе - үй-бүлөгө туура таалим, тарбия берүү. Ошол эле максатты көздөйт.

Азамат Алышбаевдин үйү.
Азамат Алышбаевдин үйү.

Айыл имамы Тилек Кыштообаев балдарына жалпы билим бергиси келбей жаткан үй-бүлө тыюу салынган диний агымдын мүчөсү болушу мүмкүн деп болжоду:

- Булар бизге эч кандай отчет бербейт. Булардыкы такыр башка да. Биздин жамааттын балдары каякка кеткенин, каякта жүргөнүн билебиз. Ал эми буларды биз биле албайбыз. Эч кимге баш ийишпейт. Районго да, облуска да баш ийбей дааватка кете берет. "Йакын инкар" деген агым экстремисттик топко киргизилбеди беле. Өз билгенин кыла берет да.

Айыл имамы балдарды окутуу аракеттеринен майнап чыкпай жатканын айтып, ата-эненин мындай мамилесин туура эмес деп баалады.

Мектепке эки кызды түшүндүрүү жолу аркылуу тарта албаган билим берүү кызматкерлери эми мыйзамга ылайык чара көрүү зарыл деп жатышат. Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев буларды айтты:

- "Буга иш козгойбуз" деп прокуратура кызматкерлери айтты. Башка чара жок, булар менен дээрлик болгон баскычтарды өттүк. Азыр эми күч менен эле укук коргоо органдары алып келип береби, билбейбиз. Абал ушундай.

Жүрсүн Субанбеков атындагы орто мектеп.
Жүрсүн Субанбеков атындагы орто мектеп.

Буга чейин эже-сиңди маселесин чечүү максатында райондук деңгээлде өспүрүмдөр комиссиясы түзүлгөн болчу. Курамында мектептин, айыл өкмөтүнүн, райондук администрациянын, билим берүү, милиция, прокуратура бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана психолог адистер кирген комиссия буга чейин кыздарын окутуудан баш тарткан ата-энени административдик жазага тартууну сунуш кылган.

Ушу тапта кыздардын окууга барбаганына байланышкан маселени укук коргоо органдары да көзөмөлдөп жатышат. Прокуратура кыздарды окууга тартуу боюнча убагында иш алып барбаганы үчүн билим берүү мекемелерине карата чара көрүүнү райондук мамлекеттик администрацияга сунуш кылган. Бул тууралуу Ак-Суу райондук прокурорунун жардамчысы Нурбек Тажибаев билдирди:

- Өспүрүмдөр комиссиясы протоколду карап, Алышбаев Азаматка карата тийиштүү административдик чара көрүп, ошол протокол жөнүндө комиссия мүчөлөрү тарабынан имам чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарды окутуусу боюнча профилактикалык иш жүргүзүлгөндөн кийин бул жумуш, иш-аракеттер өз натыйжасын бербесе, Алышбаев Азамат өз кыздарын мектепке жибербесе, анда прокуратура органдары тийиштүү чара көрөт.

Прокуратуранын маалыматына караганда төрт айлык дааватка муфтияттын уруксаты жок кеткен Азамат Алышбаев Токмок шаарынан алынып келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Бирок ал кайра эле дааватын улантыш үчүн сапарга чыгып кеткени белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыраакы мигрант Москвадан келе албай жүрөт

Эсенгелди Орозалиев.

Алты тажикстандык Москвада маршрутка жардыруу аракети үчүн соттолду. Алар "эки жыл мурун Москванын четинде теракт уюштурууну пландашкан" деп айыпталды. Анда жүргүнчү ташыган кичи автобустагы жардыруунун алдын алууга кыргызстандык мигрант да көмөкчү болгон.

Москванын аскер соту алты тажикстандыкты Москванын четиндеги Люберцыда маршрутка жардыруу аракети боюнча айыптап, 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты.

Тергөөнүн аныктамасында, алар "Ислам мамлекети" тобунун жактоочулары болгон, аларга радикал топко кошулуш үчүн теракт кылууга буйрук берилген.

Соттолгондор маршрутканын ичине жардыргыч салынган чака жана ага бекитилген телефон калтырып кетишкен. Окуя эки жыл мурун августта Люберцы шаарында болгон.

Унаадагы шектүү буюмду алгач жүргүнчүлөр байкаган. Андан кийин кыргызстандык айдоочу Эсенгелди Орозалиев күч органдарына кабар берген.

- Кетип баратсам жүргүнчүлөрдүн бири автобустун ичинде ээсиз баштык жатканын айтып калды. Мен аны сыртка алып чыгып, милиция чакырдым. Ичинде чака бар экен, 200дүк мыктар тизилип туруптур. Анын баары скотч менен уюк телефонуна бириктирилиптир. 1 килограммдай тротил табышты. Баштыктын үстүнө чатыр тигип, көчөлөрдү курчап, анан саперлор жардырышты. Ошондо мага "баштык унаанын ичинде жарылса, бир топ киши каза болмок" дешти.

44 жаштагы Орозалиев - Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ардагерлеринин "Альфа" уюмунун мүчөсү. Үч жылдан бери Москвада кичи автобус менен жүргүнчү ташыйт. Аскердик тажрыйбасы бар кыргызстандык өз маалында чара көрүүгө жетишкен.

Орозалиев үч күн Федералдык коопсуздук кызматына сурак берген. Кийин тергөө иштерине көмөктөшкөн. Бирок өзү эмгиче жеке документтерин ала албай, Орусиядан чыга албай жүргөнүн айтат.

Баарын өзүм, болгонун болгондой айтып бердим. Анан тергөөдө чаканы кайдан тапканымды көрсөтүп, шектүү катары кармалгандарды таануу иштерине да катыштым.

- Менден да шектеништи. Кол белгилеримди алып, тырмактарымдан бери кесип алышты. Үч күн кармашты. Дароо эле "котормочу менен адвокат ал" дешти. Мен баш тарттым. Баарын өзүм, болгонун болгондой айтып бердим. Анан тергөөдө чаканы кайдан тапканымды көрсөтүп, шектүү катары кармалгандарды таануу иштерине да катыштым. Негизи кээ бирин үчүнчү күнү эле кармашкан. Анан кийин сот иштери башталды. Ал жакка улам барып көрсөтмө берип жаттым. Акыркы алты тажикстандык соттолгондо да бардым. Башында менин ID паспортумду, аскердик билетимди алып калышкан. Ошол боюнча ала элекмин. Андан сырткары Орусиянын аймагынан чыгууга бөгөт киргизип коюшкан. Сот деле бүттү. Ошол боюнча же документтеримди ала албайм. Кыргызстанга да бара элекмин.

Федералдык коопсуздук кызматынын Москва облусу боюнча башкармалыгында кылмыш иши козголгон. Анда видео көзөмөл камераларынын материалдарынын жана Орозалиев берген көрсөтмөлөрдүн негизинде "автобусту жардырууну пландаган" деген шек менен бир нече адам кармалган.

Тажикстандык Латипов, Муминов, Самардини, Хасанов, Хикматуллои жана Юлдашев "Орусияда тыюу салынган террордук топко катышуу" беренесинен тышкары "Мыйзамсыз жол менен жардыргыч заттарды сатып алуу жана сактоо" беренеси боюнча да соттолду. Москва аскердик соту төртөө күнөөсүн толук моюнга алганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мекенди эмнеден коргош керек?

Мекенди эмнеден коргош керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

"Өзбекстанга дарылануу үчүн барабыз"

"Өзбекстанга дарылануу үчүн барабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

АКШдагы Манасташ тоосунда Айтматов театры курулат

Манасташ Ридж (Manastash Ridge) тоо кыркасы.

Ташкул Керексизов - кыялды чындыкка айланткан адамдардан. Ал Ысык-Көлдө кайталангыс эки маданий очокту: “Рух Ордону” жана “Аалам ордону” салдырган. Эмки планы - АКШнын Манасташ тоосунда Чыңгыз Айтматов айылын же театрын куруу.

Мен Ташкул Керексизов менен Вашингтондун Даллас аэропортунда кездешип калдым. Ала-Тоого жол тартып турган экен. Таанышып-сурашкан соң, узун жолду кыскартмакка аксакалдан Американын кайсы жерлерин кыдырганын сурадым. Ташкул аксакал кепти АКШда эмгектенип жүргөн кыргыздардан баштады.

Ташкул Керексизов: АКШда жашаган балдардын айтымында, 20 миңден ашык кыргыз бар экен. Баары эле Кыргызстанга барышпайт. Аларда тойлорду, Нооруз майрамын жана башка ырым-салттарды өткөрчү жайлары жок экен.

Ушу АКШдагы балдардын тыңдары мени чакырышты. Алар менен кеңешип, эки жерди көрдүм. 1) Вашингтондун чет жагындагы Манассисти (Manassas). Илгери америкалыктар Түштүк-Түндүк болуп согушканда эң негизги салгылашуу ушу Манассисте өткөн экен. 2) Сиэтлден бир аз арыраактагы Манасташ (Manastash) деген жеринде болдум. Сонун тоо экен. Тоонун үстүндө Кыргызстандагыдай эле ырымдап таш үйүлүп турат. Түп жактагыдай. Манасташ деген көл да бар экен. Ушу тоодо бүт Американы камсыз кылгандай алча өстүрүшөт экен. Кийим чыгарган "Manastash" деген ишкана бар экен.

“Азаттык”: Ташкул агай айтып жаткан Сиэтл округу - АКШнын түндүк-батышында жайгашкан. Вашингтон штатына кирет. Ал эми Манасташ тоосу дегени Манасташ Ридж (Manastash Ridge) тоо кыркасы. Бул тоонун эң бийик чокусу да Манасташ деп аталат. Анын бийиктиги 1931 метр.

Ташкул Керексизов: Илгери бизде дипломат болуп иштеген дос-тааныштарым менен да жолуктум. Алар жер алыш үчүн кандай документтер керек, кандай мыйзамдар бар экенин изилдеп, мага жиберишет.

Мен бул жакка дүйнөдө жок театр курам... Америка - чоң өлкө. Бүт дүйнөдөгү мыктылар келет. Бул жакка (Манасташка) жөн эле элди тарта албайсың. Мен, буюрса, тартам! Эмне үчүн дегенде мен курган театрда ролдун жарымын адамдар, жарымын жаныбарлар аткарат. Ал жаныбарлардын ичинен жалгыз эле кыргызга эмес, адамзатка миңдеген жылдар дос болгон жылкы, тагыраак айтканда жаш кунандар роль аткарат. Бул жакта бир кичинекей кулун 300 доллар турат.

Советтер Союзу маалында “Мосфильм”, Голливудга чейин жеткен кыргыз каскадерлору болгон. Азыр деле кыйындары бар. Жылкыны биздин балдар 1-2 жылда сонун кылып дрессировка этип үйрөтүп коёт. Анан бай өлкөлөрдөн аларды көргөнү келишет. Ат, тайган, бүркүт, куш жана башка жаныбарларды спектаклдерде роль аткарганга колдонсо болот. Буюрса, ойлор ушундай.

​“Азаттык”: Театр үчүн айбанаттарды сатып аласыз дейли. А театрда ойночу актерлер Кыргызстандан келишеби?

Ташкул Керексизов: (Театрда) мындай кесип болбойт. Мен өзүм үйрөтөм. Бул адамзаттын театры болот. Спектаклди көрсөткөндө алдыңкы технология колдонулат. Мисалы, “Жамгыр төктү, эч басылбай...” деп кыргыз бала ырдап жатса, сахнада кадимкидей чагылган чартылдап, жаан жаайт. Асманды, ааламды көргөзсөк, жылдыздардын арасынан адам учуп келип, сценага түшөт. Бул дүйнөдө жок нерсе. Буюрса, биз дүйнөнү таң калтырабыз. Биздин жаштар ушундай таланттуу. Атайчы... Караколдон... Эч жардамы жок Европаны дүңгүрөттү. Каныбекчи? Атасы жок, апасы эч жардам бере албайт. Кий менен шарды уруп жүрүп, дүйнөнүн чемпиону болду. Буюрса ушул жаштарды көтөргөнү жатабыз.

Ташкул Керексизов. Даллас аэропорту, Вашингтон. 14-февраль 2018-жыл.
Ташкул Керексизов. Даллас аэропорту, Вашингтон. 14-февраль 2018-жыл.

“Азаттык”: Ташкул аксакалдын дагы бир аруу тилеги: Тоң районундагы “Аалам Ордо” комплексинде жаштардан программисттерди даярдоочу окуу борборун ачуу экен.

Ташкул Керексизов: Америкада Силикон өрөөнү деп жатпайбы? Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги “Аалам Ордону” Орто Азиянын Силикон өрөөнүндөй кылам. Программисттердин борбору болот. Ага кыргыздын 15-20 жаш курактагы таланттуу жаштарын чогултам. Жайында келип, үч ай эс алышат, программалоону үйрөнүшөт. Келген окумуштуулар болобу, бизнесмендер болобу - баары ошо жерде жатат, балык уулайт, тоого чыгат, лыжа тебет, бешбармак жейт. Бир ай эс алып, бекер жашайт. Балдарга билим берет.

Манасташ Ридж тоо кыркасынан төмөн жактан көрүнүшү.
Манасташ Ридж тоо кыркасынан төмөн жактан көрүнүшү.

"Американын Манасташ тоосундагы театр же кыргыз айыл жана бул жердеги америкалык кыргыздардын балдары кыргыз тилин үйрөнчү жайкы лагерь 3-4 жылда иштейт", деп сөзүн улантты Ташкул агай.

Ташкул Керексизов: Бул үч-төрт жыл ичинде боло турган иш. Ысык-Көлдө да, АКШда да. Америкадагы долбоор чоң каражатты талап кылат. А мен театрды шаардын ичине салбайм да. Вашингтон, Чикаго, Нью-Йоркто жер кымбат. Бияктын мыйзамы боюнча, максатыңа жараша жерди бекер, арзаныраак берген штаттар бар.

Театр салам десем, Манасташта жер сатып албайм. Бирок театр курууга чоң каражат керек. Мен бул каражатты оңой эле табам. Эгер жерди алсам, Америкадагы балдардын кээ бирлери жардам берет. АКШда жардам берчү бейөкмөт уюмдар да бар. Анан бул жакта төрөлгөн кыргыз балдар кыргызча билбейт экен. Ата-энелеринде "балдарыбыз кыргызча үйрөнсө" деген максаттары бар экен. Эки жарым айга созулган жайкы каникул маалында биздин ошол айылга келишсе, биз аларга кыргыз тилин үйрөтөбүз. Тамагын ичет, боз үйдө жашайт. Бул да Америкада акча да. Ошон үчүн театрды, айылды курууга көмөктөшкөн балдарга өзүнчө жооп беребиз.

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:49 0:00

Быйыл Чыңгыз абабыздын 90 жылдыгы да. Мен мына азыр айтып коёюн: Чыңгыз абанын 70 жылдыгын жеке өзүм Парижде өткөрүп бергенмин. 75 жылдыгын Чолпон-Атада “Рух Ордодо” өткөргөнбүз. 80 жылдыгына эки куту чакыруу даярдап, “Аалам Ордодо” өткөрөлү деп жатканыбызда абабыз күтүүсүздөн кайтып кетти. Бул жакта курулчу театрды, айылды Чыңгыз Айтматовдун атына коёлу деп биринчи сөздү чыгардым биякта. Буюрса, Чыңгыз Айтматов атындагы айыл же театр болот. Кайсы бири экенине токтоло элекпиз.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге! Аcыл максатыңыздын аткарылышына тилектешпиз!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Нишана: манжамдын жоктугуна майышпайм

Нишана: манжамдын жоктугуна майышпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:36 0:00

Өкмөт башчы командасына капа болду

Депутаттар менен өкмөт башчысы бюджет маселесин талкуулап жаткан учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик инвестициялар программасын аксаткан бир катар министрлик-мекемелердин жетекчилерине сөгүш берди. Эгер абал жакшырбаса аларды кызматтан аларын эскертти.

Өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында былтыр бул программанын негизинде берилген акчанын 70 пайызы гана өздөштүрүлгөнү маалым болду.

Кыргызстанда кийинки убакта өкмөттөгү кадр саясаты тууралуу дооматтар көбөйдү.

Өкмөттүн 22-февралдагы кеңешмесинин чечими менен экономика министри Артем Новиковго, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге, айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге катуу сөгүш берилди.

Каржы министри Адылбек Касмалиев болсо эскертүү алды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашыруу жагына жооп берген төраганын орун басарын жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.

Өкмөт башчы Сапар Исаков эгерде аты аталган аткаминерлер мамлекеттик инвестиция тартууну оң жолго койбосо кызматтан алынарын эскертти:

- Мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында биздин донорлор тигил же бул долбоорлорду ишке ашырууга акча-тыйын берет. Айрым министрликтер ошол акчаны жакшы өздөштүрө албай жатышат. Ачыгын айтканда, колунан келбей жатат. Анын себептери ар кандай. Кээ бирлери "кете берет" деп колун шилтеп койгон. Кээ бирлери муну кантип ишке ашыруу керектигин билбейт. Айрымдары "мамлекеттин ичиндеги жол-жоболор" деп парламентте жүдөп жарым жыл, бир жыл, ал түгүл кээде эки жыл жүрөт. Эгер бул долбоорлордун баарын ишке ашырганда ИДӨгө жакшы таасир этмек, үч-төрт пайыз кошумча болмок. Өзүбүзгө өзүбүз душман болуп жатабыз.

Өкмөттүн маалыматына караганда былтыр мамлекеттик инвестициялар программасынын жалпы бюджети 40 миллиардга жакын сом болгон жана анын 27,8 миллиарды бөлүнүп берилген, анда 80ден ашык долбоор ишке ашырылган. Бирок берилген пландын 71 гана пайызы аткарылган, тактап айтканда, 11 миллиард сомдон ашык акча пайдаланылбай калган.

Буга чейин ишин эптей албай жаткан министрлер тууралуу Жогорку Кеңештин соңку жыйынында сөз болгон. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов Айыл чарба министрлиги инвестициялар боюнча мамлекеттик программаны аткара албай калганын айтып чыккан:

Бахадыр Сулейманов.
Бахадыр Сулейманов.

- Мен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн 2017-2020-жылдарга белгиленген программасын карап чыктым. Чынын айтайын, программанын өзүнүн маңызын таба алган жокмун. Ага 9 миллиард сом керек экен. Ошол каражат табылабы? Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлиги 2017-жылы 2 миллиард сомдук мамлекеттик инвестицияны өздөштүрө алган эмес. Ушундан улам, Айыл чарба министрлиги программаны аткарууга жетишеби? Эгер ал ошол эки миллиард сомду өздөштүрө албаса, анда программанын өзү эмне болот?

Өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында мамлекеттик инвестициялар программмасы боюнча тапшырманы мыкты аткарган министрликтер да белигилүү болду. Маселен, Чукул кырдаалдар министрлиги планды 170 пайызга аткарганы маалымдалды. Ушул жерден чукул кырдаалдар министр Кубатбек Боронов бул кызматта 2011-жылдан бери иштеп келе жатканын, өкмөттүн эң тажрыйбалуу мүчөсү экенин белгилей кетели.

Өткөн айда премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндөгү мыйзам долбооруна жооптуу аткаминерлерге сөгүш берген, өкмөт аппаратынын айрым кызматкерлери иштен алынган. Анткени жыл жаңырар алдында Жогорку Кеңеш Бажы кодекси жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча президенттин каршы пикирин чукул караганга аргасыз болгон. Анда мыйзамдын күчүнө кире турган датасы туура эмес жазылып калганы ачыкка чыккан.

Ал арада иштей албай жаткан министрлерге, өкмөт өкүлдөрүнө сөгүш берилиши талкуу жаратты. Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, мындай чаралар майнапсыз:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Сөгүш эч кандай натыйжа бербейт. Сөгүш өкмөттүн алсыздыгын эле көрсөтөт. Бул министрлердин баары жаңы, алардын баарын Сапар Исаков өзү алып келди. Ошондуктан бир команда болуп иштеп жаткандан кийин сөгүш берип, "инвестиция болбой жатат" дегенин алсыздык деп эле ойлойм. Акчаны алгандан мурун аны иштеткенди да билиш керек. Акчаны жөн эле корото бергенден пайда чыкпайт. Бул жерде стратегиялык ой жүгүртүү жок болуп жатат. Инвесторлорду чакырып, "Таза коом", ал-бул деген стратегияларды көргөзгөнү менен эгер абал оңолбосо майнап чыкпайт.

Сапар Исаков башында турган өкмөттүн азыркы курамы былтыр август айында шайланган. Ошондон бери анын кээ бир мүчөлөрү кыска убакыт аралыгында бир канча кызмат ордун алмаштырганга үлгүргөн. Кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаев кыргыз өкмөтүндө кадр саясаты аксап жатат деген ойдо:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

- Жоопкерчилик акырындык менен жоголуп бараткандай сезилет. Айрыкча партиялык система кирип, шайлоо болгондон кийин жогорку мамлекеттик кызматтан баштап райондук деңгээлге чейин партиялык квоталар менен бөлүп алгандын айынан кадр системасын кыйратып салган деңгээлге жеткендей туюлат. Татыктуусу, татыксызы деле "шайлоого катышканбыз, кызмат кылып бергенбиз" деп, өз деңгээлин билбей эле министрлик кызматка чейин жетпедиби. Мамлекеттик кызматтагы ар кандай тепкичтерди басып өтпөй эле бакыйган чоң бир министрликтин башына келип калат. Кантип иштейт, элдин тагдырын кантип чечет? Анын артында канчалаган түйшүк жатат. Ушул жагынан алып караганда кадр маселеси өтө оор, жоопкерчиликтүү экенин билүү керек.

Конституциянын былтыр жыл аягында күчүнө кирген беренеси боюнча өкмөт башчынын кадр саясатын жүргүзүү укугу кеңейген. Эгер премьер-министрдин кайсы бир өкмөт мүчөсүн кызматтан алуу тууралуу өтүнүчүн президент беш күн ичинде карабаса, анда премьер-министр Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин тиешелүү өкмөт мүчөсүн өз чечими менен кызматтан алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сары кыштак, сары бала, сары кар

Иллюстрация

Бүгүн Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнү. 68 жашты тосуп жаткан акын агабыздын балалыгы, кыштагы, энеси тууралуу ырын окурмандарга сунуштайбыз.

Асман-Жердин көрүнбөгөн аягы,

Ат-Башыга бара калып, баягы.

Кыроо баскан бубагынан зымдардын,

Кышты көрдүм, көрдүм сары баланы.

...Жепирейген жерге жакын там эле,

Жетим кемпир, жетим бала бар эле.

Кайыңдыда кайра-кайра кыш болуп,

Кайра-кайра жаай берчү кар эле.

Сайдын ичин тос каптаса буу кылып,

Сары бала карды каптап чуу кылып.

Энем болсо челек-челек кар ташып,

Эртели-кеч алчу эле суу кылып.

Эски тамга ойноп келип кулаймын,

Эшик таза, а мен күндө “ылаймын”.

“Кагылайын, бизге берген өзү албай,

Кардын суусу суусу болот Кудайдын!”-

Деп энекем күбүрөнүп тигинтип,

Таштектеги сууга салып киринтип.

Мешке кактап көйнөгүмдү, турсамды,

Мектебиме жөнөтчү эле кийинтип.

Айылдардан анда жалаң кут агып,

Араң тийген Күн уяттан жукарып.

Үшүгөндөн кире качып от үйгө,

Үшүгөндөн аяз турчу кызарып.

Кайран кез ай, бубак кез ай зымдагы,

Каңгып кетип кайткан кезде шымдары

Картон болуп катып калып, апалар,

Кактап мешке, кайра “киши” кылганы.

Колтугунан чыга калып муз-кардын,

Коюнуна кар салчу элек кыздардын.

Эмне кылар айла таппай ошондо,

Эриндери күйүп кетчү ызгаардын.

Морлорунан күн-түн түтүн бийлеген,

Момун элек мончосу жок кирдеген.

Кой сарайга кеткен жолдо дагы эле,

Кош из жатат түшүп калган чийнеден.

Куйрук, жалсыз кайда жүрдүм жалгыздап,

Курган өмүр акыр бир күн баргызмак.

Кучагыңа кулап турам мына эми,

Курман сарай, Жалгыз булак, Жалгыз бак,

Сабагы бар, сагындырган сайы бар,

Сары кыштак, сары бала, сары кар.

Көкүрөгүм толуп-ташып, өрөпкүп,

Көз алдымдан чубап турдуң баарыңар.

Ушунча жыл мени кимге кул кылды,

Улуулугуң бүгүн араң туйдумбу?

Тооңу тиктеп шамалыңа тууган жер,

Тосуп турдум топозго окшоп мурдумду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сапёр өмүрүндө бир жаңылат

Сапёр өмүрүндө бир жаңылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Эже-сиңди: көзү ачыктарга ишенген энелер

Эже-сиңди: көзү ачыктарга ишенген энелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:21 0:00

Мекенди коргоо аскердин гана милдети эмес

Кыргыз жоокери

Бүгүн Мекенди коргоочулар күнү белгиленип жатат. Өлкөңдү сүйүү үчүн сөзсүз аскерге барыш керекпи?

Коомчулукта мекенди жалгыз эле аскерлер коргошу керек деген түшүнүк эскиргенин, ар бир адам Мекенди сүйүүгө, коргоп, колдоого тийиш экенин айткандар жок эмес.

Бирок ошол мекенчилдик дегенди азыркы жаштар, коомчулук кандай түшүнөт? Мекенге тирек болуу идеологиясын элге сиңирүүдө кандай кемчиликтер жана жетишкендиктер бар? Бул суроолорго бүгүнкү "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издедик. Ага билим жана жаштарга тарбия берүү жаатындагы эксперттер Кеңешбек Сайназаров жана Асылбек Жооданбеков катышты.

"Азаттык": Кеңешбек мырза, акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөгөн "Жашстан" долбоору менен иштеп келе жатасыз. Бул долбоор жаштардын мекенчил экенин көрсөттүбү?

Түштүк Африкага барганда да ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандык балдар менен жолуктук. Алардын алгачкы эле суроосу: "Кыргызстаныбыз кандай?" деген суроо. Алыста жүрсө да, жүрөгү Кыргызстан деп согот.
Кеңешбек Сайназаров

Сайназаров: Мекенди коргоо ыйманга жараша деген сөз бар. "Жашстан" долбоору менен 2001-жылдан бери Мекен боюнча чоң долбоорлордун үчүнчүсүн ишке ашырып жатабыз.

Мен эмнени байкадым? Айрым көз карашы радикалдашкан балдар менен да иш жүргүзгөндө алардын да Мекенди, Кыргызстанды сүйөрү байкалып турат.

Өзүмдүн жумушума байланыштуу дүйнөнүн көп жерлерин кыдырдым. Былтыр Түштүк Африкага барганда да ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандык балдар менен жолуктук. Алардын алгачкы эле суроосу: "Кыргызстаныбыз кандай?" деген суроо. Алыста жүрсө да, жүрөгү Кыргызстан деп согот. Мына ушул мени кубантат.

Мекенди коргоо аскердин гана милдети эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:26 0:00
Түз линк

"Азаттык": Ошентсе да жакшы жашоо үчүн Кыргызстандан кетүүгө аракет кылган жаштар арбын. Айрымдары менен сүйлөшсөң, иштөө үчүн гана эмес, биротоло калып жашоо максатында кетүүнү көздөшөт. Баары кете берсе Кыргызстанды ким өнүктүрөт? Мекенди сүйүп, сагынып тим болуу менен анын өнүгүүсү үчүн аракет кылуу эки башка аракет эмеспи?

Мекенди эмнеден коргош керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Мекенге кызмат кылуу - өзүн өзү табуу, белгилүү бир бийиктикке жетүү.
Асылбек Жооданбеков

Жооданбеков: Чет жакка чыгып кетүүгө аракет кылган мекендештер аябай көп. Менимче муну трагедия кылуунун кереги жок. Анткени, сыртка кеткен адам мекендин, ата-эненин, бир туугандын кадырын жакшы түшүнөт. Көз карашы өзгөрөт, эң башкысы - ал туулган жердин баркына жетет. Мекенге кызмат кылуу - өзүн өзү табуу, белгилүү бир бийиктикке жетүү. Ошондуктан, өзү бийиктикке жеткен адам гана мекенине, жакындарына кызмат кыла алат. Куру кыйкырык менен мекенге кызмат кыла албайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Аскерлер мекендин тиреги

Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.

Түрмөдөн кийинки түйшүк

Түрмөдөн кийинки түйшүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

Чакмак-Суу: элеттиктер көлмө курууга каршы

Акция учуру.

Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын тургундары айылга жакын дарыянын жээгине "Кичи-Чаарат" компаниясы калдык сактоочу көлмө куруп жатканына каршы чыгышты.

Элеттиктер андай көлмө жергиликтүү тургундардын саламаттыгына зыян алып келерин айтып, ишти токтотуу талабын коюп жатышат. Райондун жетекчилиги болсо бардык коопсуздук чаралары көрүлгөнүн айтууда.

Кен казган кытайлык компания Чакмак-Суу айылына жакын жайгашкан дарыянын жээгине уу калдыктарын сактоочу көлмө кура баштагандан тартып айылдыктар арасында нааразычылык келип чыкты. Анын курулушуна каршылык билдирген 30дай киши айылдын борборуна чогулду.

Айылда өткөн акция учурунда жергиликтүү кеңештин депутаты Чыңгыз Абдукеримов буларды билдирди:

- Долбоор боюнча 2015-жылы аны Көк-Төбө участкасындагы тоо башына куруу пландалган. Былтыр өзгөртүү киргизилип, сай жээгине которулган. Мындан жергиликтүү тургундардын кабары болгон эмес. Азыркы көлмө кар көп көчө турган жерде жайгашып, кырсык болсо айылды каптап кете турган коркунучу бар. Мындан сырткары, айылдын таза суу кампасы да ошол тарапта жайгашкан. Былтыр кар көчкү түшүп, ошол жердеги кытайлардын коттеждерин басып калган. Эгерде ошондой кар көчкү жүрсө көлмөнү бузуп кете турган да коркунуч бар. Анан жергиликтүүлөрдөн жумушка алынганы аз болуп жатат. Кытайлар көптүк кылат.

Чакмак-Суу айылы.
Чакмак-Суу айылы.

Чакмак-Суу айылы райондун борборунан 40 чакырымдан алыс, кытайлык “Кичи-Чаарат” компаниясы кен казыш үчүн куруп жаткан фабрика жакта жайгашкан. Жергиликтүү тургундар негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, айрымдары дарыя жээгинен өз алдынча алтын чайкап алышат.

Буга чейин айылдыктар менен компаниянын ортосунда келишим түзүлүп, аткарылуучу талаптар коюлган. Бирок Чакмак-Суу айылынын башчысы Искендербек Максымбековдун айтымында, алардын көпчүлүгү орундала элек.

- Алгач Долбоорлоо институтунан келип "калдык сактоочу жай айылга зыяны тийбейт, кенге жакын жайгашкан айыл катары силерге компания компенсация иретинде жардам берет" дешкен. Бирок эл арасында "кен казуу иштерине цианид колдонулат" деген кооптонуу бар. "Кичи-Чаарат" компаниясынын жетекчилиги эл менен жолугушуп, бир топ маселелерибизди чечүүгө убада берген. Айылга мектеп салып бергенден башка убадалары али күнчө аткарыла элек. Жергиликтүү жашоочуларды жумушка алуу жана жаштарды окутуу сыяктуу маселелер турат. Айылдын айрым тургундары сезондук жумуштарга тартылат. Мындайча айтканда компания элди алдап жатат. Буга тийиштүү органдар көңүл бурушу керек.

Алтын казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Кичи-Чаарат” компаниясы фабрика куруу иштерин 2016-жылда баштаган. Ошол кезде калдык сактоочу көлмөгө Көк-Төбө участогундагы тоо башынан жер бөлүнүп, долбоору иштелип чыккан. Бирок былтыр ал планга өзгөртүү киргизилип, сай жээгиндеги токой фондунун жерине көчүрүлгөн. Анын себебин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нарбай Бексариев мындайча түшүндүрдү:

- "Кичи-Чаарат" компаниясы алгач техникалык-экономикалык долбоорун даярдаганда "алтынды гана бөлүп алабыз" деген план болгон. Ага кыргыз өкмөтү макул болбой, жезди да кошо алууну сунуш кылган. Казуу иштеринин көлөмү көбөйгөндүктөн эски ТЭО боюнча калдык сактоочу жай тардык кылып калган. Ошондуктан алар эски долбоорду кайра өзгөрткөнгө мажбур болушкан.

Бирок жергиликтүү тургундар кен казган компания тоо башына унаа менен жүктөп, калдык көмүү процесси көп чыгымды талап кылгандыктан андан баш тартып, сай жээгин тандап алганын айтып жатышат.

Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев элдин саламаттыгы дайым көзөмөлдө экендигин айтат.

- Калдык сактоочу жайдын ордунун өзгөрүшү боюнча райондо жалпы жыйын болуп, компания жана тийиштүү адистердин баары катышкан. Анда долбоорду катышкандарга көрсөтүп беришкен. Ал эми чакмаксуулуктардын айтып жатканы түшүнбөстүктөн болушу мүмкүн. Алар "техногендик кырдаал болсо көлмө жарылып, айылга зыяны тиет" деп жатат. Бирок бул иштердин баары алдын-ала тийиштүү адистердин текшерүүсүнөн өтүп, макулдук берилген. Кыргыз өкмөтү да калктын саламаттыгын жана өмүрүн башкы орунга коет.

Чаткал районунун аймагында “Кичи-Чаарат” жеке компаниясы 2012-жылдан бери кен казып жүрөт. Компанияны У Ся Ган башында турган кытайлык инвесторлор иштетет. Анда 800гө жакын жумушчунун 60% жергиликтүү адамдар түзөт. Бирок 100дөн ашык түтүн эл жашаган Чакмак-Суу айылынан кенде болгону 60тай адам иштейт.

Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу компаниянын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Район боюнча жалпысынан 157 компания кен казуу иштерине лицензия алган. Учурда алардын тогузу гана иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду

Дамирбек Асылбек уулу

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иш министрлиги Кыргызстанга нота жиберди. Бул маалымат кыргыз коомчулугунда башка өлкөнүн жарандыгын алган киши кантип депутат болгон деген суроолорду пайда кылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы соңку окуянын негизинде Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылышы мүмкүн экендигин четке каккан жок. Ал ортодо Дамирбек Асылбек уулунун буга чейин аты-жөнүн жана туулган жылын өзгөрткөнү тууралуу да маалыматтар айтыла баштады.

Казакстандын расмий маалыматы

Аткезчиликке айыпталып Казакстанда камакка алынган Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу айрым маалымат каражаттары кечээ жаза башташкан. Мындай маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий ырастап, Кыргызстандын дипломатиялык мекемесине нота жибергени 22-февралда белгилүү болду.

ТИМдин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбакиев учурда тиешелүү иштер башталганын кабарлады:

- Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунда казак жарандыгы бар экенин ырастаган расмий катты бизге жөнөттү. Маалымат тастыкталды.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү депутатка байланыштуу соңку маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлөрүн жана ал текшерилерин билдирди.

Дамирбек Асылбек уулу башка өлкөнүн жарандыгын алаарда кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча Кыргызстандын президентине кайрылган эмес. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов буларды айтты:

- Калкты жана жарандык актылардын абалын каттоо департаментине андан жарандыктан чыгуу боюнча арыз келип түшкөн эмес.

Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгын кайсы жылдары алганы азырынча белгисиз.

Буга чейин депутаттын фракциялаштары ал спорт менен машыгып жүргөн учурунда Казакстандын атынан эл аралык мелдештерге катышканын билдирген эле.

“Кыргызстандын жараны катары билчүбүз”

Мындан улам Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда жарандыкты 2000-жылдары спорттук карьерасын аяктаганга чейин алышы мүмкүн деп божомолдонуп жатат.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Дамирбек Асылбек уулун Кыргызстандын жараны катары гана билишерин, депутат өзү мурда-кийин казак жарандыгы тууралуу сөз кылбагандыгын белгилешти.

Аталган фракциянын депутаты Кубанычбек Нурматовдун маалыматты мамлекеттик органдар жакшылап териштириши керек деген пикирде:

- Эми бардык документтер чогултулуп БШКга тапшырылат. Ал органдын юристтери жакшылап териштирет. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы ал жарандыктан чыгуу үчүн кайрылган эмес деп билдирбедиби. Бизде деле маалыматыбыз жок болчу. Балким, спортто жүргөндө алганбы? Балким ага каршы атайын жасап коюшу мүмкүнбү, белгисиз. Биз аны Кыргызстандын жараны катары билчүбүз. Кыргызстандын атынан күрөшүп, желегебизди көтөрүп жүргөн.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн жараны болууга уруксат жок.

Дамирбек Асылбек уулу эки чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Алгач жолу 2009-жылы андагы бийликчил “Ак жол” партиясынын тизмесинен депутат болсо, экинчи ирет 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка келген.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттаардын алдында анын соттолгон-соттолбогонун, башка өлкөнүн жарандыгын алган-албаганын тыкыр текшерип чыгышы керек.

Мындан улам Дамирбек Асылбек уулу башка өлкөнүн жараны болсо, ал кандайча эки ирет депутаттык мандатты алган деген суроо азыр коомчулуктун көңул чордонуна чыгып олтурат.

БШК: Маалымат тастыкталса, мандатынан ажырайт

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кыргызстандын жараны экенин ырастаган паспорттун негизинде катталарын белгилеп, Дамирбек Асылбек уулу да дал ушул документти көрсөткөнүн айтып жатат. Анын ырасташынча, эгер БШКга депутаттын казак жарандыгы экенин тастыктаган докмумент келсе мандаты алынат:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

- Башка мамлекеттин жарандыгын алганын биздин мамлекеттик органдар билбей калышы мүмкүн. Мисалы, Орусияда биздин 400 миңдей мигрант жарандык алып алышкан. Ошолордун көбү, маселен, биздин да жарандыктан чыкпай, кош жарандуулукта жүрө беришет. Бул да ошондой болуп калышы мүмкүн. Биринчи кезекте ал өзү жарандыгын жашырган адам катары кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгерде Дамирбек Асылбек уулунда башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келсе, анын мандаты алынат. Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинде депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча негиздердин ичинде ушул да бар.

Ички иштер министрлиги талапкердин кош жарандыгы тууралуу маалыматты текшерүү алардын милдетине кирбей турганын билдирди. УКМК бул боюнча азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Дамирбек Асылбек уулу аты-жөнүн да өзгөрткөнбү?

Бул арада Дамирбек Асылбек уулу буга чейин аты-жөнүн жана жаш курагын да өзгөрткөнү туурасында маалыматтар айтыла баштады.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөлөрүнө таянып, Асылбек уулу бир мезгилде “1979-жылы туулган Динарбек Супатаев” деген ысым менен бир нече спорттук мелдешке катышып жүргөнүн жазып чыкты.

Ачык булактарга таянган Байсаловдун маалыматында Дамир Асылбек уулу 1997-жылы кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн аты-жөнүн жана жаш курагын эки жашка төмөндөтүп, жаңы паспорт алышы мүмкүн:

- Биздин иликтөө боюнча, ал спорттук ишмердиктен улам фамилиясын өзгөрткөн болушу мүмкүн. 1979-жылы туулса 1996-жылы 16 жаштагы улан катары Югославияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышкан экен. Ал жактан Кыргызстан үчүн коло медал жеңип келген экен. Аны спорт чөйрөсүндө “Супатаев Динарбек” деген ысым менен таанышарын айтышты. Экинчи жагынан, 2001-2004-жылдары Казакстандын атынан эл аралык мелдештерге катышканы интернеттеги маалыматтар базасында жүрөт. Албетте, Казакстандын атынан эл аралык чемпионаттарга катышуу үчүн сөзсүз түрдө казак жарандыгын алышы керек болчу. Демек, 2000-жылдардын башында, ошол өлкөнүн жарандыгын, казакча айтканда, “азаматтыгын” алышы мүмкүн.

Чындыгында эле депутатты айрым жердештери жана парламенттеги фракциялаштары “Динарбек, Дина” деген ат менен тааный тургандыктарын билдиришти.

Маселен, Кыргызстан күрөш боюнча курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Алмаз Касенов Асылбек уулун “Динарбек” деген ысым менен таанырын айтып, фамилиясын алмаштырганы боюнча маалыматы бар экенин билдирди:

Алмаз Касенов.
Алмаз Касенов.

- Ал жигит 1998-99-жылдары кадеттерден Азиянын чемпиону болду. Бир катар мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип жүрдү. Кийин казактар чакырып, Казакстандын атына күрөшүп, Азия чемпиондугунда экинчи орунга татыган. Бул Монголияда 2001-жылы өткөн мелдеште. Кийин колунан жаракат алып калып, анын айынан спорттон кетүүгө аргасыз болду. Аны Динарбек деп эле билебиз. Кийин өз атасынын атын алганда уулу болуп калып жатпайбы. Мурун “ов” деген мүчө менен Супатаев болуп жүрсө, кийин өз атасынын атына - “Асылбек уулу” деп өзгөртсө керек.

Ошондой эле интернеттеги видеолордон Дамирбек Асылбек уулуна түспөлдөш адамдын 2003-жылы Казакстандын атынан мелдешке катышканын көрүүгө болот.

Кадырбеков: Кыргызстан үчүн уят иш болду

Саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков мындай кырдаал өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирди деген пикирде:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Эгер айтылып жаткан маалыматтар туура чыкса, кыргыз парламенти эле эмес, Кыргызстан үчүн уят иш. Парламенттик мамлекет деп бийликтин эң жогорку бутагында турган органдын мүчөсүн кылмышка шектелип жатканы аябай начар иш болду. Эми башка өлкө жараны депутаттыкка шайланып кетип жатса, каттоо кызматы, БШК, ИИМ сыяктуу органда көптөгөн көйгөй бар экенин көрсөтөт. Мындай кырдаалга сөз табыш деле кыйын.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны - Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

Парламентте Казакстанда кармалган кыргыз депутаты Асылбек уулу Дамирбекти сотко чейин камактан алып чыгуу демилгеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңеш депутаты Тазабек Икрамов казак тарапка депутаттардын кепилдиги менен кайрылуу жолдош керектигин айтып чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Нооруз жөнүндө талаш мамлекеттүүлүктү эске салды

Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия экс-муфтий Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоого каршы сөздөрүн кескин айыптап чыкты.

Ошондон улам комиссия Аалымдар кеңешинин төрагасына кайрылды. Аалымдар кеңеши жана анын төрагасы Абдышүкүр Нарматов, Чубак Жалилов өзү да азырынча комментарий бере элек.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев да диний себептерден улам Жаңы жыл, Нооруз өңдүү майрамдарды майрамдоого каршы чыккандарга жол бербеш керек экенин эскерткен.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоого каршы айтылган сөздөрүнө Аалымдар кеңеши баа беришин талап кылып жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарованын айтымында, Жалиловдун айткандары коомду бөлүп-жарат, этикалык-моралдык баалуулуктарды бузат, басмырлоо, Конституциядагы дүйнөбий принципке каршы келет:

Нооруз майрамы.
Нооруз майрамы.

- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак Жалиловдун коомчулукта резонанс жаратып, анын кесепетинен коомчулукту бөлүп-жарууга алып келе турган билдирүүсүнө баа берүү тууралуу талап койду. Чубак Жалиловдун коомдогу мындай чакырыгы этикалык жана моралдык баалуулуктарды бузууда, ар түрдүү диний агымдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнө карата ачык-айкын дискриминациялык мүнөздө экендиги көрүнүп турат. Нооруз майрамы Кыргызстандын Эмгек кодексиндеги расмий майрамдардын тизмесине киргенин комиссия белгилейт. Ноорузду майрамдоодон баш тартуу чакырыгы - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген дүйнөбий принциптерге ачык тирешүүнү билдирет. Мындай ыкма ханафий мазхабынын принциптерине жана ислам салттарына, Кыргызстан элинин маданий баалуулуктарына туура келбейт.

Нооруз майрамы, 21-март, 2017
Нооруз майрамы, 21-март, 2017

Чубак Жалилов Ноорузду майрамдоого каршы пикирин буга чейин далай жолу билдирген. Ушул тушта социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жаткан сөздөрүн качан, кайсы жерде айтканы белгисиз:

- Бир адамдар бар, өздөрү теңирчи. Анан "сен ушинтип айтасың", - дейт. Анарбек Усупбаев деген "каапыр" бар. Анарбек Усупбаев деген мени менен телевизордон айтышкан. "Сага Нооруз, башкасы деле боло берет, бизге болбойт, сен мусулман эмессиң, сага жаназа да, кабыр да, нике да, келме да жок" дегем. Менин айтып жаткан сөзүм - "мусулман болом, мусулманчылыкты карманам" дегендерге. "Сен "теңирчи болом, тозокко түшөм" десең башкадан сура, "Зима не будет" дегенден сура, менден сураба" дегем.

"Азаттык" Чубак Жалилов менен байланышып, пикирин билүүгө аракет кылды, бирок майнап чыккан жок.

Чубак Жалиловдун пикирлеши, адвокат Акин Токталиев ал майрам тууралуу шарияттын негизинде гана түшүндүрүп берди деп эсептейт:

Акин Токталиев.
Акин Токталиев.

- Чубак ажы бир гана "ал күн майрам экени шариятта жазылган эмес, андай майрам жок, каалагандар майрамдай бергиле, динге ишенгендер, дин туткандар майрамдабай эле койгула" деп жатат. Бул Чубактын сөзү эмес, бул исламдын шариятында жазылган. Ал болгону шариятты гана түшүндүрүп берип жатат. Ага "ушуну майрамдасак болобу же болбойбу" деп суроо берип жатышат. Ал "болбойт, шариятта жазылган эмес" деп жатат. Муну Чубак ажы айтпай эле, илгертеден бери эле айтылып келе жатат. Мусулмандардын эки эле майрамы бар, бул Курман айт менен Орозо айт. Анда Жогорку Кеңеш "бизге Куран, сүннөт каршы келет, аны пайдаланбагыла" деген мыйзам кабыл алсын. Анан ошондо Чубак ажы айтпай калат. Эмнеге эле Чубак ажыга асылып калышты, билбейм. Мисалы, сиз муфтийге барып "Ноорузду майрамдаса болобу" деп сурасаңыз, ал деле "болбойт" деп жооп берет.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, муфтий Максат Токтомушев, Аалымдар кеңеши жана анын төрагасы Абдышүкүр Нарматов да комментарий бере элек.

Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?

Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?

Дин чөйрөсүндө Ноорузду майрамдоо керекпи же жокпу деген суроолор кызуу талкууланып келет. "Азаттык" мына ушул маселенин тегерегинде талкуу уюштурду.

"Азаттык" Аалымдар кеңешинин бир катар мүчөлөрүнө кайрылды. Ниязалы Арипов бул тууралуу кеңештин катчылыгы жооп берерин айтты:

- Бул боюнча биздин Аалымдар кеңешинин катчылыгы расмий жооп берет. Ошолорго кайрылсаңар. Мен Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары комментарий бергеним туура эмес болуп калат. Эми жыйында бул маселелерге сөзсүз көңүл бурабыз да. Катчылыктан жооп алганыңар туура болот го дейм.

Аалымдар кеңешинин дагы бир мүчөсү Замир Ракиев болсо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-муфтий тууралуу билдирүүсү жөнүндө укпаганын билдирди:

- Муну биз тактап туруп жооп береличи, тактайлы. Менин кабарым жок экен. Тактап туруп анан жооп берейинчи.

Дин маселелери боюнча талдоочу Канатбек Мурзахалилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын соңку кайрылуусун кубаттап жатат жана Чубак Жалиловдун сөздөрүнө укуктук баа берилиши керек деп эсептейт:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

- Бүгүнкү күндө Чубак ажы кыргыз дин аалымдарынын ичинен формалдуу эмес чоң күчкө айланып калды. Анын тарапташтары, таламдаштары да көбөйдү. Социалдык тармактардагы медиа каналдарында да угуучулары, таламдаштары көбөйдү. Өлкөнүн булуң-бурчуна барганда анын баянын, насаатын угууга миңдеген адамдардын барганы бул адамдын таасири күч алганынан кабар берет. Акыркы билдирүүлөрү менен коомду экиге бөлгөнгө чакырык таштап койду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аракетин туура деп эсептейм. Бизди Баш мыйзамдын, динге тиешелүү мыйзамдардын алкагында бул кишинин айткандарына тиешелүү баа берилиши керек. Аалымдар кеңеши шарияттын негизинен чыга албайт. Анын айткандарына Дин комиссиясы, тиешелүү органдар укуктук, моралдык, саясий баа бериши керек.

Эксперт Нурлан Исмаилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Чубак Жалилов тууралуу Аалымдар кеңешине кайрылганын эп көргөн жок:

Кимдир-бирөө "31-августту майрамдабагыла, мен СССРдин жактоочусумун" деп чыкса анысы мамлекеттик түзүлүшкө, конституциялык түзүлүшкө каршы келет.

- Аалымдар кеңеши же бир эксперт болбосо же мамлекеттик расмий уюм болбосо, эмне кылып баа берет? Эмнени чечет? Эми алар "ажы силердики, кичине тарбиялап койгула" деген мааниде кайрылышса керек. Мен бул нерсени түшүнгөн жокмун. Экинчиси - бул ажыкенин өзүнүн пикири деп ойлойм. Мисалы, анын "эки аял алгыла" деген чакырыгы юридикалык жактан мыйзамсыз чакырык. "Майрамдабай эле койгула, мен майрамдабайм" дегени анын пикири. Бардык эле адамдын оозунан чыгып кетиши мүмкүн. Бирок Нооруз расмий майрам да. Анан "расмий майрамды майрамдабагыла" дегени канчалык деңгээлде мамлекеттин укуктук саясатына каршы келет деп талдаш керек. Себеби аны мамлекет жөн жерден расмий майрам кылган жок. Анын тарыхый, маданий баалуулуктарын эске алды да. Ошондуктан ушул багытта караш керек. Мисалы, кимдир-бирөө "31-августту майрамдабагыла, мен СССРдин жактоочусумун" деп чыкса анысы мамлекеттик түзүлүшкө, конституциялык түзүлүшкө каршы келет. Дин иштери боюнча комиссия анын айткандарын экспертизага жана укук коргоо органдарына бериши керек.

Нооруздагы Бишкек.
Нооруздагы Бишкек.

Кыргызстанда соңку кездери диний себептерден улам Жаңы жыл, Нооруз өңдүү майрамдарды майрамдоого каршы чыккандар көбөйүп жатат. Кайсы бир аймактарда Жаңы жылдык балатыны орнотууга тыюу салган, сындырып кеткен учурлар катталган.

2017-жыл жаңырар алдында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги балаты майрамында Жаңы жыл, Нооруз майрамдарынын мааниси терең экенин, тарых менен байланышы бар экенин айткан жана аны майрамдоого жолтоо болуп жаткандарга жол бербеш керек экенин эскерткен.

Мындан эки жыл мурун Чубак ажы Жалилов “ахмадийлер” тууралуу айткандары боюнча Ошко милициясына чакырылган. Андан бир жыл илгери Ошто “ахмадий” агымынын бир мүчөсү киши колдуу болуп өлгөн эле. Маркумдун жакындары "Жалилов бул агымды ачык каралап, диний кастыкты козутту" деп тартип коргоо органдарына даттанган. Мурунку муфтий болсо “ахмадийлерди” “мусулман эмес” жамаат катары сыпаттап, бирок өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Тез жардам" унаалары боюнча комиссия түзүлөт

"Тез жардам" унаалары боюнча комиссия түзүлөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Салянова: Саясаттан кетпейм

Салянова: Саясаттан кетпейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:28 0:00

Черчиллдин учкул сөздөрү кыргыз тилинде чыкты

Черчиллдин учкул сөздөрү кыргыз тилинде чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Окуучулар токсикоманияга каршы

Окуучулар токсикоманияга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Атамбаев журналисттин үйүн саттыруу өтүнүчүнөн баш тартты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков журналист Нарын Айыптын Бишкек шаарындагы батирин сатыкка чыгарып, ошонун эсебинен айыппул өндүрүү тууралуу арызын чакыртып алды. Анын бул арызын Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн канааттандырды.

Нурбек Сыдыков бүгүн соттон кийин журналисттерге комментарий берип, бул чечимин мындайча түшүндүрдү:

- Сот аткаруучулар “Нарын Айып мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылат экен, ошол бөлүк аркылуу дооңуздарды соттон канааттандырып алыңыздар” деп ишти бизге кайтарып берген. Биз ошонун негизинде сотко кайрылууга мажбур болгонбуз. Тилекке каршы буга чейинки соттордо Нарын Айып ал батирде апасы, карындашы менен чогуу жашай турганын жана андан башка мүлкү жок экенин далилдей алган эмес. Ал боюнча документтерди биздин өтүнүчүбүз менен бүгүнкү процессте гана алып келип берди. Ошону үчүн биз “батирди сатып, дообузду өндүрүү тууралуу” өзүбүздүн арызды кароосуз калтырууну соттон өтүндүк. Сот муну туура көрүп, биздин өтүнүчтү кабыл алды.

Нурбек Сыдыков ошондой эле Нарын Айыпка буга чейин коюлган 9 млн сом доону ал баары бир төлөшү керектигин, ал боюнча арыз чакыртылып алынбаганын билдирди.

Сыдыков буга улай экс-президент бул акчаны каякка жумшаарын билбей турганын жана мынчалык ири суммадагы доолорду сөз эркиндигине басым деп эсептебесин кошумчалады.

Ал эми журналист Нарын Айып бүгүн соттон кийин 9 млн сом доону төлөө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, аны кайсы мөөнөткө чейин төлөп берерин билбесин айтты.

Жогоруда айтылган үч бөлмөлүү үйдүн үчтөн бир бөлүгү гана Нарын Айыпка катталган. Калган эки бөлүгү апасына жана карындашына таандык.

Журналист Нарын Айыптын 90го таяп калган энеси Райла Идинова сатыкка коюлганы жаткан үйдө неберелери менен чогуу жашарын айтып, соттордон калыс чечим чыгарууну суранган. Ал буга чейин үй сатылса, талаада каларын билдирген:

​- Эми соттор ишти акыйкаттык менен чечкендей болушсун. Бул үй атасынан калган мурас. Атасы 1981-жылы өз эмгеги менен алган. Балам ошол бойдон башка мүлк алайын, дүнүйө чогултайын деген жок. Мындан башка эркек балдарым каза болуп калган. Менин жалгыз эле тилегим – сөөгүм ушул үйдөн, баламдын колунан чыкса дейм. Эми сотторго ишенгим келет. Соттор акыйкат болот, теңдик менен чечет деп укчу элем.

Токсондогу эне сотторго кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

​Былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык Zanoza.kg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Кийин бул доолорду өндүрүп алуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү 14-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылып, Чолпон Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн жана Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюуну талап кылган. Доого жыгылгандар акчаны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүч келтиришкен.

“Азаттыкка” комментарий берген учурда Чолпон Жакупова “Атамбаев Арашандагы үч кабат үйүнө батпай, менин үйүмдү тартып алып жатат” десе, Нарын Айып “өзү жашаган үйдүн үчтөн бирине гана ээ, бир бөлүгү апасына таандык экенин” билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Нуржигит: Мектепке өзүм баргым келет

Нуржигит: Мектепке өзүм баргым келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Прокуратура тергөөчүлөрдүн ишин иликтейт

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл

Башкы прокуратура бардык күч кызматтарынын тергөөчүлөрү тарабынан убактылуу токтотулган кылмыш иштерин иликтейт. Бул үчүн Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлеринен турган атайын иликтөөчү топтор түзүлдү.

Башкы прокуратуранын бул чечимине улай эле, 20-февраль күнү Бишкек шаарынын прокурору милициянын тергөөчүлөрүн "ишке шалаакы мамиле кылышат" деп сындады. Укук коргоочулар менен адвокаттардын баамында, кылмыш ишинде шектүү катары тергелген кишини сот актаган учурлар арбын, бирок ал үчүн тергөөчүлөр жоопкерчилик алганы каттала элек.

Тергөөчүлөрдүн жоопкерчилиги жок

Таластын тургуну Расул Адыракаев бир нече жыл мурда экстремизмге байланыштуу айыпталып, кармалган жана кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөр аны Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси - экстремизм жана терроризм боюнча айыптап, ишин сотко жиберишкен. Бирок соттун биринчи баскычында эле Кара-Буура райондук соту Адыракаевди күнөөсүз деп таап, аны актаган чечим чыгарган.

Бул иште жактоочулук кылган адвокат Динара Медетованын "Азаттыкка" айтып бергени боюнча, Расул Адыракаев бир жылга жакын камакта жаткан:

Бир жылдай камакта жатып, акталды. Анын абакта жатып тарткан моралдык, материалдык зыянын ким толтурат?

- Бул жигит тергөө учурунда, андан кийин соттук териштирүү учурунда камакта отурду. Ошол убакта ден соолугунан ажырап, оорукчан болуп калды. Келинчеги ар кайсы калыбына келтирүүчү уюмдарга кайрылып, жолдошун дарылатып жүрдү. Бир жылдай камакта жатып, акталды. Анын абакта жатып тарткан моралдык, материалдык зыянын ким толтурат? Бул үчүн ким жооп берет? Тергөөчүлөр эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок.

Адвокаттын айтымында, тергөөчүлөр "кылмыш иши ачылды, тергелди" деп отчет үчүн иштеген учурлар көп кездешет, бул да алардын ишке ат үстүнөн мамиле кылышын шарттайт.

Мыйзамсыз иштери үчүн тергөөчүлөргө кылмыш иши козголот

19-февралда Башкы прокуратура ИИМдин, УКМКнын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан убактылуу токтотулган тергөө иштери кайрадан текшерилерин маалымдады.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иштер 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык жүргүзүлмөкчү. Чечимди ишке ашыруу тууралуу буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда кол койгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Индира Жолдубаева.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Индира Жолдубаева.

Башкы прокуратуранын тапшырмасына караганда, мыйзамсыз козголгон, негизсиз создуктурулган жана убактылуу токтотулган кылмыш иштери боюнча тергөөчүлөрдүн жоопкерчилиги каралып, текшерүүнүн натыйжасында буга жол бергени үчүн кылмыш иши козголот.

Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топтор УКМКнын жана Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын тергөөчүлөрүнүн ишин текшеришет.

Буга улай эле, 20-февралда Бишкек шаарынын прокурору Абдибакыт Халмурзаев Бишкек ШИИБнын коллегиясында тергөөчүлөрдү "ишине шалаакы мамиле кылат" деп сындады. Ал өз сөзүндө "айрым тергөөчүлөр мурун тергелген ишти компьютерден таап чыгып, ошону эле аты-жөнүн же датасын өзгөртүп туруп, сотко жиберип жатышат" деп билдирди.

Абдибакыт Халмурзаев тергөөчүлөр шектүүнү кармап, бөгөт чарасын аныктап, айып тагып жатканда жаранга мыйзамсыз түрдө кылмыш ишин козгоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча беренени да унутпоого чакырды.

Жыйында Бишкек ШИИБнин жетекчилиги бардык тергөөчүлөргө прокуратура көрсөткөн кемчиликтерди жоюуну тапшырды. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди:

- 20-февралдагы жыйынга милиция, прокуратура кызматкерлеринен тышкары сот системасынын өкүлдөрү да катышты. Жыйынтыгында прокуратура тергөөчүлөргө, милиция кызматкерлеринин дарегине айтылган сындарды эске алып, мүчүлүштүктү жоюуну тапшырды. Тергөө системасынын ишин жакшыртуу боюнча райондук ички иштер башкармалыктарынын башчыларына жана тергөө бөлүмдөрүнүн жетекчилерине да милдеттенмелер тагылды.

Тергөөнү сындаган прокуратура өзү алсыз

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча прокуратура органдары эки милдетти аткарат: биринчиден, алар мыйзамдын сакталышын көзөмөл кылууга тийиш, экинчиден, ошол эле прокурор сотко келип, айыптоочу тараптын ролун аткарат. Укук коргоочулар муну мыйзамдын чийкилиги катары баалап жүрүшөт. Алардын пикири боюнча сотто мамлекеттик айыптоочунун ишин аткарып жаткан прокурор адам укуктарын сактай албайт.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулованын "Азаттыкка" айткан пикири боюнча, прокуратурага мыйзамдардын сакталышына көзөмөл кылуу милдетин калтырып, прокурорлорду сотко да ушул вазийпасын аткарыш үчүн гана катышууга милдеттендириш керек:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Адам укуктары жакшы сакталган, өнүккөн өлкөлөрдө соттук териштирүүгө прокуратура өкүлү айыптоочу эмес, көзөмөлдөөчү катары катышат. Ал эми айыптоо тергөөнүн мойнунда, сотто тергөөчү менен адвокат бири-бирине оппонент болот. Тергөөчү кишиге тагылган айып тууралуу тергөөдө аныктаган корутундуларын ошол сотто айтып берет. Бизде тескерисинче, прокурор тергөөгө катышпайт. Ал колуна тергөөчү берген кагаздан гана тергөөнүн жүрүшү менен таанышып коет. Тараптар менен өзү жолугушпайт, алардын жүйөлөрүн укпайт. Ал кагазда таанышкан боюнча гана сотко барат. Ошондуктан, эгер сотто адвокат, күбөлөр же соттолуучу башка жагдайларды алып чыкса же мойнуна албай, тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн баш тартса, андай учурда прокурор алсыз. Себеби ал тергөөгө такыр катышкан эмес, иликтөө иштерин жүргүзгөн эмес. Колундагы тергөө материалдары кайдан, кантип чогулганы, табылганы тууралуу суроолорго жооп бере албайт. Айласыздан, ал мамлекеттик айыптоочу катары тергөөдө мыйзам бузуу болгону, коюлган айыпка далилдер жетишсиз экени кашкайып көрүнүп турса да, жазалоо өкүмүн сурагандан башка аргасы жок. Ошондуктан, укук коргоо: сот, милиция жана прокуратура органдарын чогуу реформалоо зарылчылыгы бар.

Ал эми адвокат Динара Медетова тергөөдөгү шалаакылык, иштин чала тергелип, сотко жиберилиши үчүн милициянын ыкчам кызматкерлери менен тергөөчүлөрдү бир жактуу күнөөлөө негизсиз деп эсептейт. Анын сөзү боюнча, бул жараянда прокуратуранын да жоопкерчилиги бар:

Эгер тергөөчү кылмыш ишин мыйзамсыз тергеп жаткан болсо, прокурор аны сотко ашырбай коюуга укуктуу. Ошондуктан прокурор тергөөчүнү сындашы үчүн негиз жок.

- Иштеп жаткан адвокат катары айтар элем: кылмыш иши козголгондон кийин, тергөөчү аны бекитүүнү прокурорго берет. Прокурор кылмыш ишинин козголушун бекитет. Тергелип бүткөн кылмыш иши да прокурорго таанышууга берилет. Ал беш сутка ичинде тергелген иш менен таанышып, анын мыйзамдуулугун, далилин карап чыгышы керек. Эгер тергөөчү кылмыш ишин мыйзамсыз тергеп жаткан болсо, прокурор аны сотко ашырбай коюуга укуктуу. Ошондуктан прокурор тергөөчүнү айыптап, сындашы үчүн негиз жок. Мен ишенимдүү айта алам, тергелген иштердин 60% мыйзамсыз. Менин иш тажрыйбамда эле тергелген иштин үстүнөн прокуратурага кайрылган учурларым аз эмес. Мындай учурлар дээрлик ар бир адвокатта бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер, парламенттин регламенти боюнча комитетитин мүчөсү Кенжебек Бокоев буларга тотколду:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү керек. Кээде иликтөө иштери тергөө мөөнөтүнөн өтсө да улана берет. Былтыр 245 адам, андан мурунку жылдары 300дөй адам сотто акталган. Бирок бир тергөөчү же ошону көзөмөлдөгөн прокурор камалган эмес. Кылмыш ишинин материалдарында фактылар жетишпесе иш козгой берген учурлар бар. Андан тышкары, "сени камайм" деген коркутуулардын негизинде акча өндүрүүнү каалашат. Анан кылмыш ишин ачышат. Мунун тамыры коррупцияга барып такалат. Ошондуктан, кылмышкер деп шектелген адам сотто акталса, ага кылмыш ишин козгогон тергөөчүнү жоопко тартыш керек, "мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо" деген берене бар. Бул тергөөчүлөрдүн гана эмес, Башкы прокуратуранын да кемчилиги.

13-февралда президент Сооронбай Жээнбеков "укук коргоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүүчү чаралар" тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.

Президенттин бул демилгесин колдоого алып, "укук коргоо системасын тазалоого багытталган күрөш натыйжалуу болот" деген пикирлер менен катар эле, "бир нече президенттин учурунан бери эле орчундуу маселе катары көтөрүлүп, айтылып келген сөз ишке ашпай, кагазда кала берет" деген жүйөлөр да айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG