Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:49

Кыргызстан

Жети балалуу эне дагы төрөгүсү келет

Асел Абдылдаева жолдошу Бакыт жана балдары менен.

Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну, жети балалуу Баатыр эне Асел Абдылдаева 37 жашта. Элеттик Баатыр эненин ал-абалын кабарчыбыз билип келди.

Аселдин үйүнө таң атпай бардык. Бул убакта жолдошу менен короодо жаңы туулган козуларын карап, араңжан туулгандарын энесин кармап эмизип, тиричилик менен алек болуп жүргөн экен.

- Козуларды эмизип келдик, менсиз малга чыгышпайт, кошо жүрөбүз. Уюбуз байып кеткен, азыр саабай калдым...

Аселдин түйшүгү таң агара электе башталат. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылат. Кыздарынын чачын өрүп, сабакка даярдайт. Кир жууйт, кечкиге тамак жасап, кайра тыштагы ишти бүтүрөт. Деги койчу, Аселдин жумушу чачтан көп.

Асел Абдылдаева.
Асел Абдылдаева.

Ишин жеңилдете турган заманбап кир жуугуч машинеси, ашкана техникасы деле жок. Балдардын жөлөкпулу, мал менен тиричилик кылган бул үй-бүлөдө баары колдун күчү менен бүтөт.

- Дем алыш күнү кир жууйм, кыздарымды киринтем. Азыр дагы мончо ачылып жакшы болуп калды. Бирок мончого барганда деле бирден жуунтуп чыгам. Анан кийимдерин жууп, окууга кийген кийимдерин үтүктөп, чачын өрүп, айтор таң эмне болуп атып, эмне болуп кеч киргенин деле сезбей калам.

Уул күткөн эне

Аселдин алты кызы, бир уулу бар. Улуу кызы мектепти былтыр бүткөн. Азыр Бишкектеги жогорку окуу жайда окуйт, кичүүсү төрткө чыкты. Үчөөнүн ортолору бир жаштан болсо, кийинки төрт кызынын ортолору эки жаштан. "Эркек балалуу болгум келип, жылда төрөй бердим", - дейт Асел:

- "Эркек болот" деп кыз төрөй берип Баатыр эне болуп калдым... Эркек болуп калса жакшы болмок, жетинчи кызымды төрөгөндө аябай кыйналдым. Бир ай төшөккө жатып калдым. Кыздарымдын атын ырымдап Бурул, Жаңыл деп койгон жокпуз. Улуу кызымдын аты Таттыбүбү, андан кийинки уулумдун аты Адилет, кийинкилери Азима, Назира, Аделина, Батина жана Раяна. Дагы бир уул төрөп алгым келет, бирок ата-энем "уулуң жок болсо бир жөн, өзүңдү кара, уул төрөйм деп кыйналып жатып ары карап кетсең кыздарыңдын чайын ичпей каласың" деп урушканынан муюп калдым.

Асел өзүн толугу менен балдарга, үй-бүлөгө арнап койгон. Атыр-упа сүйкөнүп, боюн караганга маани бербей калганы көрүнүп турду. "Кайдагыны айтасың да... Боёнмок тургай башкасына алым келбей калды", - деп жылмайып койду.

Асел 17 жашында мектепти бүтөрү менен эле турмушка чыгып, бир жылдан кийин тун кызын төрөптүр. 20 жашында үч баланын энеси болуп калган.

Асел Абдылдаева.
Асел Абдылдаева.

Азыр эми минтип түйшүк басканда убагында билим албай, шаар көрбөй калганына өкүнөт:

- Биздин убакта заман башка болчу да. Улуулар "босогону аттап кетпейсиң, барган жериңде кал, таш түшкөн жеринде оор" деп тарбия беришкен. Мени ала качып кетти, "тагдырым ушул экен" деп отуруп калдым. Азыр кээде жолдошумду тамашалам калам: "Сен мени жулмалап келип эле отургузуп койгонсуң" деп. Азыркы кыздар болсо ак көйнөгүн кийип алып, шаан-шөкөт менен күйөөгө чыгып атышпайбы. Алар бактылуу экен. Бизди болсо жулмалап алып келип эле көшөгөгө алып кирип жоолук салып койсо эле “күйөөгө тиет деген ушул турбайбы” деп ойлочубуз да. Көрсө биздин убакта элдин түшүнүгү башкача тура. Мектепти жакшы окугам. Андан кийин окуумду улантсамбы деп ойлоп жүргөм. Мугалим болууну кыялданчумун. Азыр мени окуткан мугалимдер айтып калат, “сен окуп, иштешиң керек болчу” деп. Ал үчүн турмушка чыкпай коюш керек болчу. Анан мен турмуш жолун тандагандан кийин жолдошума бактымды байладым да.

Асел азыр кыздарын кимдир бирөө ала качып кетишин каалабайт:

- Кыздарыма “эрте турмушка чыкпа, мына мендей болосуң” деп айтып турам. Эрте келин болсо түйшүккө малынарын айтам. Маңдайына жазганын көрөт дечи. Нике кайып эмеспи. Бирок түйшүктөн алыс эле болушса деп ойлойм. Андан көрө окуп, иштеп өзүнө тың болсо дейм. Билимиң жок болсо өзүң каалагандай баса албайсың, өзүң каалаган нерсени ала албайсың. Акча таппай үйдө отурсаң кайдан...

Унутулган белек

Асел балдардын атасына таарынбайт деле, анын жакшы сөзү, жылуу мамилеси эле жанга кубат дейт. Күйөөсүнөн гүл же бир башка романтикалуу белек-бечкек алуу оюна да келбейт:

- Жакшы сүйлөп, жакшы мамиле кылып койсо эле андан өткөн белек барбы? Биз андайга көнгөн эмеспиз да. Баарын өзүн кармайсың, өзүң билесиң дегендей. Бирок жолдошум деле "кем-карчыңды ал" деп турат. Мага берген белегинин ордуна “бул кызымдын телефону жок эле, бул кызымдын сөйкөсү жок, андан көрө ошолорго алалы” дейм. Чынында азыр силер айтсаңар оюма келип атат, буга чейин өзүмдү ойлоп, "мага белек берсе" деп эч ойлобоптурмун. Азыр эми белекти жолдошумдан эмес, уулумдан күткөн убак келди го.

Анткен менен Аселдин күйөөсү Бакыт Жамансариев балдардын энесин колунан келишинче сыйлап турарын айтты:

- Жайлоого барып бээнин сүтүн ичип келебиз. Эки жылдан бери үй-бүлөбүз менен Көлгө барып жатабыз. Теңтуштар менен анда-санда кафеге барып, эс алабыз. Келинчегиме көңүл бурганга аракет кылам. Балдарымдын энесин кантип капа кылайын? Эми "куда-сөөк күтсөк жашыраак көрүн" деп тамашалап, "өзүңө кара" деп жатам.

Асел үчүн дүкөн кыдырып жеке өзүнө кийим-кечек тандоо маанилүү эмес, чач тарачка, кайсы бир сулуулук салондоруна баруу оюна деле келбейт. Дегинкисин элет жеринде бул көпчүлүк эле кожойкелерге мүнөздүү көрүнүш.

Аселдин өзүн ойлогонго жакын арада чамасы деле жетчүдөй эмес. Кыздары чоңойгону алардын себин камдоо менен алек боло баштаптыр. Ушул жайда кийиз жасап, шырдак шырыганды мелжеп турганын айтты:

- Азыр кичинекей да, билинбейт. Чоңойсо алты кызга сеп беришибиз керек. Кайненем менен кошо үч кызымдыкын даярдап бүттүк. Эми дагы үч кызымдыкын даярдап жатам. Алардыкы деле даяр болуп калды. Түйшүк бүтпөйт экен да. Алар турмушка чыкса небере багам.

Жети баласынын экинчиси – эркек. Адилет 11-класста окуп жүрөт. Анын "эр жетсем апамды багам" деген тилеги бар:

- Бизди багам деп жүрүп апамдын жаштыгы өттү. Кээде үйдө атам жок болуп калат, кээде мен жок болуп калам. Апам андай күндөрү үйдүн да, тыштын да ишин бирдей жасайт. Ошол убакта аяп кетем. Бишкекке алып барып, дүкөн кыдыртып, чоң концерттерге киргизсемби деп ойлойм. Атам экөөнү ажыга алып барып келсемби деген тилегим да бар.

Асел болсо "Адилетим жалгыз болуп калбасын" деп, дагы бир эркек бала төрөп алуу кыялынан баш тарта элек.

Баатыр эненин түйшүгү, кубанычы, өкүнүчү...
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:02 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Байболова: Чет өлкөдө байлыгыбыз жок

Байболова: Чет өлкөдө байлыгыбыз жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:18 0:00

Балдар жасаган роботтордун фестивалы

Балдар жасаган роботтордун фестивалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Бишкек-Москва: таасир жана тандоо

Москва, 29-ноябрь, 2017-жыл

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен соңку жолугушуусунда Орусияны маанилүү жана таяныч кыла турган ишенимдүү мамлекет катары сыпаттады. Бул орус президенти Владимир Путиндин кайрылуусундагы Евразия алкагында интеграцияны күчөтүү демилгесин көтөргөн учурга туура келди. Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги өнөктөш саналган Орусия менен мамиледе эмне өзгөрүүлөр күтүлүп жатат?

Сооронбай Жээнбеков 6-мартта журналисттер менен бейрасмий жолугушуусунда Орусияны таяныч кыла турган ишенимдүү өнөктөш катары сыпаттады. 18-марттагы шайлоодо учурдагы орус президенти Владимир Путиндин жеңишин кааларын шардана кылды.

ГЭСтердин багы тушалып турат

ГЭСтердин багы тушалып турат

Кыргыз өкмөтүнүн Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча эл аралык келишимин денонсациялоо жараяны соңуна чыкты.

Кыргыз президентинин бул баасы Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграцияны күчөтүү демилгесине туш келди.

Мындай демилгени орус президенти өткөн аптада Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда көтөргөн. Ал Кыргызстан мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграцияны күчөтүп, глобалдык атаандаштыкка туруштук берүүчү уюшмага айлантууга аракет көрүлөрүн белгилеген.

Владимир Путиндин бул кайрылуусу 18-мартка белгиленген Орусиядагы президенттик шайлоо алдындагы программа катары бааланды. Ошондуктан бир катар эксперттер Путин шайлоодо жеңишке жетсе, Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга таасирин күчөтүүнү улантат деген божомолун билдирүүдө.

Идеология жана прагматикалык пайда

Москва Жогорку Экономикалык мектебинин профессору Дмитрий Евстафьев Путиндин билдирүүсүнүн Евразиядагы өнөктөштөрү үчүн маанисин талдап чыккан. Ал "Путин акыркы кайрылуусунда Москванын Евразиялык интеграцияда идеология менен катар прагматикалык пайдасын да көрсөтүүгө аракет кылды" деген пикирин жазып чыкты.

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, Батыш өлкөлөрү менен мамилеси начарлап турганда Москва постсоветтик аймактагы өлкөлөр менен мамилени дагы күчөтүүгө аракет кылат. Мындай мамилеге кыргыз бийлиги да кызыкдар экенин дипломат белгиледи:

- Эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоого, стабилдүүлүктү кармоого эки тарап тең кызыкдар. Менин пикиримде, эң негизгиси коопсуздук. Бизге Орусия менен кызматташып, мамилени бекемдеп, коргонууга мүмкүн болот. Биздин бул жааттагы абалыбыз анча жакшы эмес экени белгилүү. Ошондуктан ырааттуу мамиле керек.

"Мигранттарды унутпайлы"

Ошол эле кезде ЕАЭС, ШКУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдарда кызматташтыкты эске албаганда Бишкек менен Москванын мамилесиндеги негизги факторлордун бири Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары. Расмий саны 700 миңден ашкан кыргызстандыктарды эске алуу менен кыргыз бийлиги мамилени жакшыртууга аракет кылып келет.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Абдывахап Нурбаев эки өлкөнүн катнашында бул факторду эстен чыгарууга болбой турганын айтты:

- Орусия стратегиялык өнөктөш. Ал жакта жүз миңдеген жарандарыбыз иштеп жатат. Дагы бир фактор - мунайды ал жактан алабыз. Бирок ошого карабай биз алар менен тең ата мамиле түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Кандай болгон күндө да, өзүбүздүн кызыкчылыкты коргогонго аракет кылабыз.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстандын тышкы саясатта бир гана векторду карманып, Орусия менен мамилеге артыкчылык беришин жактырбайт. Саясатчы бул жаатта башкаруучу элитанын "күнөөсү" көп экенин белгиледи:

- Биринчиден, Орусия менен мамиледе объективдүү себептер бар. Бирок ошону менен бирге биздин жетекчилер шайлоо алдында мени колдогула, президент болсом дагы көп көңүл бурам, стратегиялык багыттарды мурдагыдан да көп өткөрөбүз деп жатып, ушундай абал жаралды.

Ошол эле кезде башы ачылбаган айрым маселелер бар. Буга чейин Кыргызстандын түштүгүндө Москва экинчи аскерий базаны ачууну маселеси айтылганы менен так кесе чечим кабыл алына элек.

Андан тышкары Орусия менен биргеликте курууга кол коюлуп, кийин жокко чыгарылган Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча маселе ара жолдо турат. Бул жаатта келишим жокко чыкканы менен Нарын ГЭСтер каскадын курууга сарпталды деген 37 миллион доллардын тагдыры чечиле элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Кош канат" - наристе кыйган нике

"Кубаныч", Асатилла Тешебаевдин сүрөтү

Белгилүү жазуучу Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемеси 2012-жылы жазылган. Чыгармада жаңы кылымга туш келген кыргыз жашоосу, жалгыздыктан тажаган эки кошунанын табышып алышы алдыңкы планга чыккан.

Күтүүсүз, экинчи жагынан терең ойлонууга “жем” таштаган чыгарма окурманды кайдыгер калтырбайт. Кыргыз аңгемесинин классикасынын бул жолку берүүсү Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемесинe арналат.

Жүрөк дүк-дүк

Оболу окурмандарга китепкөйлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жараткан аңгеменин сюжетине токтолуп, андан соң чыгарманын маани-мазмунуна сыйган автордук идеянын чоо-жайын чечмелей кетсек. Адегенде “Кош канаттын” сюжетинин ушунчалык динамикалуу, анан да кол менен кармап көрсө болчудай көркөм ынанымдуулугу баамга урунат.

Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

Жай саратанда иштен чарчап келген момун Акбардын жөн-жай тирилиги кара курсакты кампайтуудан башталат. Жазуучу майда турмуш-тиричилик деталдарына атайлап басым жасап, үйүндө жалгыз калган момундун абалына токтолот. Болгон ич кийимдери түгөнүп, кийилгендери эски кир жуугуч машиненин ичинде үйүлүп жаткан. Аялы жок бой эркектин баары эле үстү-башына тыкан карабайт. Мына, Акбар алмаштырып кийгенге ич кийими жок күзгүнүн алдында турат.

Аны дал ушул кийимин таппай турган кезинде кошунасынын келини, Маскөөгө иш издеп кеткенче кабарсыз жоголгон Гафардын келинчеги Мунар көрүп отурбайбы.

Ошол Мунар ун элегени “чараны колтуктап, үйдүн илгичине колун созо берерде, көзүнө өөн көрүнгөн нерсе учурады. Көзүң жамандыкты көрбөсүн: коңшу үйдүн жарыгы күйүп, дырдай жылаңачтанып алган эркектин сөлөкөтү көрүндү. Адегенде жүзүн ала качып, көзүн жумду. Канчалык коңшу үй тарапты карабаганга аракет кылды, бирок бир заматта денеси ток өткөндөй дүр дей берди. Шаштысы да кетип калды, жүрөгү дүк-дүк…

Элеңдеп эки жагын каранат, жан киши деле жок. Коңшу үй тарапка мойнун бурарын буруп алып, жараткандан уялдыбы же өзүнөн өзү уялдыбы, өз бетин чымчыды. «Тобо, кудай сакта» деди ичинен. Адам белгисиз күчкө тез эле алдырабы? Кайра да тиктегиси келди. Күзгүнүн алдындагы булчуңу чың эркектин керилген денесине сугун артып тиктеген бойдон катты да, калды. Бир заматта сезими дүрт жанып, токтоно албачудай алдастап барып, өзүн карманды. «Жок, жок» деди ичинен… Ушунчага чейин өз эркин бекем карманчу кургур, чыдайм деди. Бирок жан темир эмес го…

Чара колунан качан түшүп кеткенин билбейт. Деми кысылып, көөдөнү карбаластатып салды. Шырп эткен дабыш чыгарбай, ордунда тура берди. Адегенде көзүнө өөн көрүнгөн эркектин жылаңач денесин эми дааналап тиктегиси келип, тиктеди. Адам бүйрү бир козголуп алса акылга да, эркке да баш ийер эместей. Жанатан бери камыр жууруйм деген Мунар эми бир ордунга тура алсачы, ары басат, бери басат, эмне кыларын билбеди. Оюнда бир эле нерсе… Ал нерсени ойлогон сайын өзүн-өзү жемелейт: «Кайсы бетим менен карадым? Жок, мен жинди болуп баратамбы…» Күбүрөнүп-шыбыранып бешикте тынч уктап жаткан наристесин бир, сырт жакты бир карайт…

«Жок, жок… Кайсы бетим калат…»

Кыйшайган каалга

Арзуу сезими акыл-эсин толук бийлеп алган келин кошунасынын балкасын сурап келет. Кошуналык милдет үчүн гана келген Акбар эшикти оңдоого киришет.

“Мунар кыйшайган каалганы түз кармап берип, Акбар мык какмай болду. Адатындай эки-үч мыкты оозуна тиштеп алган…

Келин бир убакта Акбардын оозундагы мыктарды «келиң, мен кармап берем» деп бир колуна балка кармап, бир колу менен каалганы түрткөн Акбарга жеңилдик кылгысы келди. Колун сунуп, Акбардын оозундагы мыктарды назик манжалары менен ала берерде эркектин эрдиндеги, таноосундагы ысык демди сезди. Анын көптөн бери эркек менен болгон карыш жердей жакындыгы ушул гана. Акбардын ысык деми денесин магдыратып, көзү караңгылашып барып, кулап калчудай сезди өзүн. Каалга жөлөп турган денеси бир убакта Акбарга жакындап барып, кокустан соорусу эркектин боюна тиер замат көздөрү жумулуп, термеле баштады…

"Сулуунун портрети". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү
"Сулуунун портрети". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү

Ордунда термелген келиндин алаканындагы мыктар кошо титиреп, ага жер айлан көчөк болуп атканын балка кагып аткан эркек сезген жок. Боюна жакындап келген Мунар кулап баратканда гана шап кучактап калды. Кучактап алып, келиндин тирсийген көкүрөгүн уучтап алган олдоксон кыймылынан өзү уялды. Колундагы келиндин денеси улутунуп ыйлаган наристедей өпкөсү өпкөгө тийбей ыйлап ийди. Акбар адегенде келиндин талма оорусу барбы деп жүрөгү болк этип барып, сезим оту жанды…

Келин Акбардын топчусу бүчүлөнбөгөн дагдайган төшүн аймалап, өпкүлөй баштады. Эки албуут дайра бири-бирине кошулгандай буркан-шаркан кайнаган экөөнүн сезимин токтотор күч жок эле”.

Ошентип кошулган эки кошуна аягында жөн-жай кепке өтүшөт, жүрөктү мыжыган армандарын айтышат. Акбардын аялы Жумакан да Орусияда, ошон үчүн Мунар “сиз экөөбүздүн тагдыр окшош экен да” деп армандуу үшкүрүп отурат.

“Мунар бешиктеги баланы чечкен кезде, ал түз эле «ата» деп Акбарды көздөй там-туң басып жөнөсө болобу.

– Бул ушинтип эркек киши көрсө эле баарын "ата" дей берет, атабыз карабай кетип… – деди келин бир эсе жайдары, бир эсе муңкангандай үн менен.

Акбар да өмүрүндө баланын «ата» деген үнүн биринчи уккандагысы ушул. Ичи элжирей түштү буга. Наристе эч чоочуркабастан Акбардын алдына келип отуруп алды. Баланын мойнунан жыттап өпкөн үйдөгү эркектин караанына Мунар ыраазы болгондой узакка тиктеди.”

Нике адамдын жүрөгүндө

Балага мээрими ийиген Акбар келинди өз үйүнө алып кетүүгө бел байлайт, “бакытты пландоого” болбостугун айтып, мындан ары бирге түтүн булатып чогуу жашоого киришет.

“– Молдо да чакырасызбы? – деди келин.

Акбар, бир саамга ойлонуп отуруп үн катты:

– Жок, өз никебизди өзүбүз кыябыз.

– Бобойт ко?

– Болот. Молдого нике кыйдыргандын баары эле бактылуу жашап атыппы? Турмушта нике кыйдыргандын канчасы түбөлүккө бирге жашап атыптыр. Нике адамдын мынабу жеринде, – Акбар жүрөк тушуна кол жаңсады. – Биздикин нике кайып дейт. Экөөбүз түбөлүк никеге ниет кылганыбыз жетет, – деген Акбар ак чыныга суу толтуруп келип, Расулдун колуна сунду.

– Кана балам, апаң экөөбүздүн никебизге сен гана күбөсүң, андыктан сен гана никебизди кыясың. Сени наристе дейт, сенин гана жүрөгүң таза.

Акбар кенедей наристеге чоң ишеним менен карап, эки адамдын ортосундагы ыйык никени кыярда кандай тилек каалап, эмне деп айтыш керектигин үйрөтө баштады.

– Сен бизден туттуңбу деп сурайсың, макулбу? Кана айтчы…

– Туттуңбу? – бала муну таптак айтты.

– Туттум, – деди атасы.

– Туттуңбу?

– Туттум, – деди жетине албаган апасы.

Экөө баланын колундагы чөйчөктү кезектешип жутту, суу туптунук эле. Наристе да туптунук ою менен суу ууртагандарды ыржайып карап турду.”

Акбар менен Мунардын жаңы жашоосуна Маскөөдөн шашылыш келген Гафар да тоскоолдук кыла албай, Акбардын алдында алсыздыгын көрсөтүп, “колдору калчылдап, ээктери титиреп” эчкирген бойдон жолго түшөт.

Заман ырайы

Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемесин сюжеттик жагынан кайсы бир деңгээлде “Чатыр” повести да улайт. Анда заман өзгөрүп, жашоо кыйындаганда шаарга келген койчунун селсаяк турмушу сүрөттөлөт. Жаңы заман ырайынын мына ушул сынчыл реализми кийинки жылдары жарыяланган чыгармалардын көпчүлүгүнө мүнөздүү.

Бекем калыпка салынган каада-салттардын, үрп-адаттардын, жашоо ыңгайынын бузулушу, жумушу жок айылдан шаарга агылган жаштар, акча менен капиталдын үстөмдүгү жүргөн жердеги оор турмуш жаңы заман адабиятында көп сүрөттөлгөн темалардан. Өзгөчө айылдан келип шаардан турук ала албай, толгон-токой кыйынчылыктарга кабылган кыз-келиндердин аянычтуу тагдыры абыдан көп сүрөттөлдү окшойт. Белгилүү философ жана жазуучу Топчугүл Шайдулаеванын пикиринде, сынчыл маанай учурдагы адабиятка эле мүнөздүү өзгөчөлүк эмес.

Топчугүл Шайдулаева.
Топчугүл Шайдулаева.

- Бүгүнкү жашоонун өзү ошондой болуп калбадыбы. Аны жазуучулар сүрөттөшөт да. Бүгүнкү коомдун өзү сынчыл. “Кош канат” аңгемесинде миграциянын эң талуу жери чагылдырылган. Миграция биринчи кезекте үй-бүлөнү ыдыратып, атаны баласынан, аялды күйөөсүнөн ажыратып жатат. Чет жерге иш издеп көбүнчө жалгыз бой кетишет, же аялы, же күйөөсү үйдө калат. Жалгыздап жашоо адам табиятына туура келбестигин Олжобай Шакир мына ушул аңгемесинде ачык көрсөтүүдө. Аялбы, эркекпи – экөө тең эле жалгыздыкты көтөрө албайт экен. Адам табияты өз эркинен тыш бактысына жетиүүгө умтулат. Акчадан да бийик нерсе – жакын адамдардын бирге, бала-чака, үй-бүлө чогуу болушу керек. Мына ушул чоң маселе чыгармага реалдуулукту, карапайымдыкты, көркөмдүктү тартуулап турат.

Олжобай Шакир бир топ ыр, аңгеме, повесттеринен соң “Куюн доор” романын жазды. Бир үй-бүлөнүн тарых-таржымалы аркылуу бүтүндөй бир улуттук турмуштун феодалдык-патриархалдык турмуштан социализмге көчүүсүнүн карама-каршылыктуу процессин ачып берген ири эпикалык баяндан соң калемгер кайра эле мурдагы көнүмүш жанрына - аңгемеге өттү.

Чакан эпикалык жанрдын ичте катылган бай мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, адамды айран калтырчу керемет чыгармаларды жазгандар дүйнөлүк адабият эмес, кыргыз көркөм сөзүндө деле жетиштүү. Белгилүү коомдук-саясий ишмер Жантөрө Сатыбалдиев Олжобай Шакирдин ыкластуу окурмандарынын бири. Биз андан “Кош канат” аңгемеси тууралуу пикирин айтып берүүсүн өтүндүк.

Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

- Ар бир нерсе шарт, убактысына жараша чечилет тура. Олжобай Шакир проблеманы ачык, терең көрсөтө алган. Мында терең философия жатат. Бул бир эле табышкандардын проблемасы эмес, социалдык-философиялык маани-мазмун алчу үлкөн проблема. Мындай абалга алып келип аткан эмгек миграциясы деп көрсөтүүдө, негизи бул өзү турмуштун зарылдыгынан чыгып жаткан иш.

Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемесинде сүрөттөлгөн турмуш ушу тапта кыргыз баласы башынан кечирип жаткан заманга мүнөздүү, кайсы бир деңгээлде типтүү деп айтарлык тенденция. Буга чейин жаманбы-жакшыбы адат-салтка, адеп-ыймандык эреже-шарттарга байланып келаткан үй-бүлө институту кысталыш чакта бузулуп турган кези.

Анын баары кайсы бир деңгээлде “алгачкы капитал топтоо” аракетине да байланышып кетет. Мына ушул көр дүйнө, “алгачкы капитал топтоо” аракетин айтылуу Карл Маркс бейиштин Эдем багындагы Адам ата менен Обо эненин тыюу салынган алманы жеп коюшуна теңеген. Материалдык байлык, өлүү дүйнө азгырына алдануу адамды алмустактан бери кармап келаткан биргелешип түтүн булатып, артына туяк калтыруу милдетинен алыстатпашы керек. “Кош канат” ангемесинин негизги квинтэссенциясы ушул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мекенди сүйүү айылдан башталат

Иллюстрация

Жакында "Толеранттуулук жана демократия элчилиги" аттуу долбоордун алкагында "Кыргызстандын өнүгүшү ар бирибиздин жерибизден башталат" деген маалыматтык өнөктүк ишин баштады. Бул өнөктүктүн активисти Бахрам Рахманкулов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сапаттуу билим, ыйман жана адеп, толеранттуулук, жаштардын региондорду өнүктүрүүдөгү орду деген багыттарда жаштар менен түрдүү долбоорлор иштеп жатат.

Бирок натыйжасы кандай болот деген суроо туулат. Азыр сиздердин жолугушууларга катышкандардын көпчүлүгү студенттер. Эртеңки күнү алар дипломун сандыкка салып коюп, мурдагылардын жолу менен Орусияга же дагы башка жактарга миграцияга кетүүгө аргасыз болушпайбы?

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Жогорку Кеңеште электр энергиясынын тарифин кайра кароо маселеси көтөрүлдү.

Рахманкулов: Чындыгында буга окшогон долбоорлор абдан көп. Бири-бирин кайталагандай сезилип жатканы менен жаштарга өлкөнү өнүктүрүш үчүн өз айылын өнүктүрүү зарыл экенин түшүндүргөн өнөктүк бир топ жакшы жыйынтыктарга жетип жатат деп айта алам.

Март айынын алгачкы күндөрү Баткен аймагында бул өнөктүк аркылуу үч жарым миңден ашуун улан-кыздарга маалымат бере алдык. Иш жүзүндө көрдүк, бизде айылынан чыкпай туруп, жакшы ийгиликтерге жеткен адамдар, алардын тажрыйбалары тууралуу маалыматтар жетишпейт экен.

Ошондуктан биз Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан элетте жашап туруп, ал жерде өз ишин куруп, аны менен ийгиликке жеткен инсандарды чакырып, алардын катышуусу менен ушул өнөктүктү уюштурдук.

"Азаттык": Жергиликтүү жана борбордук бийлик өз аймагын, жерин өнүктүрөм деген жаштарга кандай шарт түзүп бериши керек?

Бизде негизги маселе - жаштардын мамлекетке ишениминин аздыгы. Жергиликтүү бийликке, жалпы эле мамлекетке ишеним аз болгондуктан, ал максаттарын ишке ашыргысы келбейт.

Рахманкулов: Бизде негизги маселе - жаштардын мамлекетке ишениминин аздыгы. Бүгүнкү күндө жаштар өздөрү жашаган аймак үчүн көп нерсе жасап, ийгиликке жетишүүнү каалайт. Бирок жергиликтүү бийликке, жалпы эле мамлекетке ишеним аз болгондуктан, ал максаттарын ишке ашыргысы келбейт. Алар ошол өздөрү баштаган иш бийликтин колдоосун таап, ийгиликке жетишине көзү жетпейт.

Биз маалыматтык өнөктүк учурунда Нарындан, Оштон жана башка жактардан ийгиликке жеткен жаш ишкерлерди, фермерлерди алып келдик. Алар эч кимдин колдоосуна таянбай эле, өз күчү менен ийгиликке жеткен тажрыйбалары менен бөлүштү.

"Азаттык": Бахрам мырза, мисалы, Баткенде эле жаштар эч жакка барбай, сыртка кетпей туруп эле кандай ийгиликтерге жетсе болот? Багбанчылык, туризм жаатында дегендей...

Рахманкулов: Баткен облусу мүмкүнчүлүктөргө бай. Бул облуста азыр көп иштердин башы ачылбай, бош жатат. Багбанчылыкты тамчылатып сугаруу менен өнүктүрүүгө, мал чарбачылык, билим багытында, туризм жаатында ийгиликтүү иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону аны кантип баштап, кандай жолдор менен ишке ашырыш керек - ошонун сырларын үйрөнүү зарыл.

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз театрларына жетекчи токтободу

Бакен Кыдыкеева атындагы театрда коюлган спектакль.

Соңку жылдары маданий борборлордун, анын ичинде Бишкектеги башкы драма театрынын жетекчиси тез-тез алмашып жатат. Ушул жуманын башында Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Жаштар театрына жаңы жетекчилер дайындалды.

Театрдын жетекчисин алмаштыруу олуттуу өзгөрүүлөргө жол ачабы? Жетекчиликти которуунун башкы себеби эмнеде?

Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын мурдагы көркөм жетекчиси Нурлан Асанбеков өзүнүн жумуштан кеткен себебин минтип түшүндүрдү:

- Жакында коюлган спектаклге эл келген жок. Биринчи спектаклге болгону 60 билет сатылды. Бет ачары өтө турган спектаклдин жыйырма эле билети өтүптүр. Бул кимдин кемчилиги? Меникиби? Болбосо коюучунун же театр директорунун жумушубу? Албетте, буга директор жооп бериши керек. Эмнеге театрга каршы реклама жүрүп жатат? Өкмөт спектаклге акча бөлүп берди. Мисалы, сиз балаңызга "азык-түлүк ал" деп акча берсеңиз, ал чириген бирдемени көтөрүп келсе эмне дейсиз? Өкмөт деле театр жетекчилигин текшерип, күнөөлүүнү жумушунан алат да. Мен кимдир бирөөнү жамандайын деген ойдон алысмын. Бирок биз беш жыл отурсак да эч кандай натыйжа болбоду. Өзгөрүү жок. Бул маселени мен да түшүнбөй калдым.

Спектаклден бир көрүнүш.
Спектаклден бир көрүнүш.

Ал арада Кыргыз академиялык улуттук драма театрына Асылбек Өзүбеков, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрына "Учур" театрынын артисти Жолдошбек Жанжигитов жетекчи болуп дайындалды.

Назым Меңдибаиров Кыргыз улуттук драма театрын бир гана жыл жетектеди. Учурда ал Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчисинин ордуна которулду. Анын айтымында, кыргыз театрларынын жана алардын жетекчилеринин иштөө жол-жобосу эскирди:

- Менин оюмча, өкмөт тарабынан чечкиндүү бир кадамдар жетпей жатат. Мисалы, кайсы бир театрды бирөөгө беш жылга ишенип берип, кийин жумушунун жыйынтыгын сурап алса жакшы болот эле. Ошол эле учурда театрлар тууралуу мыйзамдар чийки. Мисалы, кино, китепкана, маданият тууралуу мыйзамдар бар. Бирок театр искусствосу тууралуу мыйзам жок. Биз артисттердин күнүмдүк иш планын текшерүүдө, айлыктарын белгилөөдө СССРдин убагындагы нормаларга таянабыз.

Меңдибаиров ушундай себептерден улам театр директорлору мыйзамдык жана укуктук жактан корголбосун, ички чарбалык жана башка маселелерди өз алдынча чече албасын ортого салды.

Эл артисти, актер жана театр режиссеру Акылбек Абдыкалыков кыргыз театрларына жетекчи токтобой жатканын адистердин жетишсиздигинен көрүп, анын айынан ички финансылык иштер иретсиз жүрүп жатат деген ойдо:

- Көбү иштей албай, кээ бирөө өз арызы менен кетип жатат. Мен бул тууралуу Искусство институтунда "актерлор менен кошо театр жетекчилерин даярдайлы" деп айттым эле. Бир-эки баланы ошол багытта атайын окутса болот да. Мисалы, Москвада театр жетекчилерин атайын окутат. Кыргызстанда андай жок. Биздин балдар Москвага барып окуй албайт. Жетекчи мыйзамды жана каржылык маселелерди билбесе болбойт. Анткени азыр заман башка. Иш билги кадрлардын аздыгынан театр жетекчилери улам-улам алмашып жатат деп ойлойм.

Абдыкалыков театр жетекчилеринин бат-бат алмашып жатканы кандайдыр олуттуу өзгөрүүлөргө жол ачпай, ириде адистерди жана мекемени кармап туруу аракети экенин белгиледи.

Буга чейин өкмөт театр жетекчилери конкурстук негизде тандалып алынаарын жарыялап келген. Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Тургунбай Алдакулов бул суроо боюнча мындай деди:

- Конкурстук жобого сунуштар болуп, азыр талкууланып жатат. Документ толук кабыл алынгандан кийин театр жетекчилерин конкурстук негизде кабыл алууга өтөбүз. Бирок убакыт күтпөйт тура. Азыр дайындалган жетекчилер бир жылдык мөөнөткө келишимдик негизде кабыл алынды. Эгер келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса, бул маселе кайра каралат. Конкурс жарыялангандан кийин азыр иштеп жаткан кызматкерлер кайрадан сынакка катышып, өз сунушу менен электен өтөт.

Жаныш Кулмамбетов
Жаныш Кулмамбетов

Алдакулов ушул тапта театр жетекчилеринин аткара турган милдети жана ишмерлик жол-жобосу иштелип жатканын билдирди.

Театр ишмерлер бирикмесинин төрагасы Жаныш Кулмамбетов театр жетекчилеринин алмашып жатканын кадимки көрүнүш катары баалап, буларга токтолду:

- Илгери бизде атайын адистер театр башкаруу боюнча окуп келчү. Бирок ошол адистердин баары кыргыздын шартында иштей алабы деген маселе турат. "Башка өлкөдөн бүтүп келсе эле кыргыздын шартына көнүп кетет" деген сөз болбошу керек. Ар бир республиканын өз деңгээли, улуттук өзгөчөлүгү бар. Москванын түшүнүгүндөгү көрүнүш бизге дайыма эле туура келе бербейт. Бизге өз элибиздин улуттук өзгөчөлүгүн, маданиятын, театрын билген жетекчилер керек. Алар биздин өзүбүздүн ичибизден чыгышы зарыл. Мисалы, маркум Марат Козукеевдин акыркы спектаклинде кыргыз театрына гана тиешелүү салттуу жол уланып жатпайбы. Театрды жетектей турган адистер да өзүбүздөн чыкканы оң.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жаңы директор болуп бекиген Асылбек Өзүбеков "Азаттыкка" өзүнүн биринчи жумуш күнүн имараттын тамчы өтүп жаткан чатырын көрүүдөн баштаганын, алдыда театрдын чарбалык иштерин жакшыртууну максат кылганын айтып берди.

Учурда Кыргызстанда 18 мамлекеттик, ондон ашык жеке менчик театр бар. Бирок алардын жарымы гана иштеп жатат.

"Азаттыктын" архиви: Театр актерлорунун өп-чап турмушу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Интернетке көчкөн сойкулук

Интернетке көчкөн сойкулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:37 0:00

Нарындагы ипотека Бишкектен кымбат чыкты

Бишкекте салынып жаткан үйлөр.

Мамлекеттик ипотекалык компания Нарын шаарында курула баштаган көп кабаттуу турак жайдын бир чарчы метрин 570 доллардан баалаганы талкууга түштү.

Парламент депутаттары "коюлган баа ипотека алчулардын капчыгына туура келбейт" деп сындап чыгышты. Мамлекеттик ипотекалык компания муну шаарда сапаттуу үй курулуп жатканы менен түшүндүрдү.

Мекеме быйыл бардык облустарда көп кабаттуу батирлердин курулушу башталарын билдирүүдө. Алардын баасы бычыла элек. Ал арада арзан болоору айтылган социалдык үйлөр боюнча убадалар аткарылбай жатканына нааразы болгондор да арбыды.

Курманжан Нарын шаарындагы облустук ооруканада дарыгер болуп иштейт. Алган маянасы 8 миң сомдун тегерегинде. Жолдошу шаардагы мектептердин биринде мугалимдик кесипти аркалайт. Курманжан Мамлекеттик ипотекалык компания Нарында куруп жаткан үйдөн ипотека алууга аракеттенип, көп өтпөй ал оюнан баш тарткан. Буга батирлердин өтө эле кымбаттыгы себеп болгонун. Ал азыркыдай айлыгы менен ипотеканын алгачкы 30 пайыздык салымын да төгө албай турганын "Азаттыкка" билдирди:

- Азыр биздин үйүбүз жок. Кайната-кайненем менен чогуу турабыз. Мамлекеттен берилип жаткан ипотеканы алсакпы деп, Нарын шаардык мэриясына барып, жол-жобосун сураштырдык. Бирок анын баасы, пайыздык үстөгү жогору болуп атат. Алгачкы салымга эле 200-300 миң сомдой төлөш керек. Он беш пайыз менен берилерин айтышты. Аны он жылга бөлүп төлөй албайт экенбиз. Өзүбүз 7-8 миң сом алсак, аны тамак-ашка кетиребизби же ипотекага төлөйбүзбү?

Курманжандын айтымында, Нарында өзү теңдүү жаш үй-бүлөлөр арасында каржалып, батир кыйынчылыгын баштан кечиргендер көп. Ипотека алыш үчүн арыз берип коюп, төлөй аламбы же жокпу деп санаа чеккендер да чекеден чыгат. Мамлекеттик ипотекалык компания Нарын шаарында куруп жаткан турак жайдын чарчы метри 39 миң сомду же 570 долларды түзөрү буга чейин КСДП фракциясы өкмөттүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын талкуулаган учурда айтылган.

Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков үйдүн чарчы метри күч түзүмдөрүнө Бишкекте 350 доллардан берилип жаткан чакта, Нарында мамлекеттик ипотеканын баасы 570 долларды чапчыганын сынга алган:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Өкмөт өкүлдөрүнүн мага түшүндүргөнү боюнча күч түзүмдөрү үчүн 350 долларга курулуп жатыптыр. Бул Бишкектин ичинде. Туура, башкалаада салынышына жараша 400, 500, 600 доллардан сатылып жаткан үйлөр бар. Ипотеканын баасында маселе бар экен.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев КСДПнын жыйынында буга Бишкекте ичи толук бүтпөгөн үйлөр кеминде 600 доллардын тегерегинде бааланарын айтып, "күч түзүмдөрүнө панел үйлөр курулуп жатат" деп жооп кайтарды. Ал эми Нарында баанын кымбаттыгын анын жер титирөөгө туруштук берчү үй экени менен түшүндүрүп, депутаттарды нааразы кылды.

Насыя дүрбөлөңү

Насыя дүрбөлөңү

Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемеде иштегендерди үй-жайлуу кылуу максатында атайын программа кабыл алган. Бирок насыянын шарт-талабы коомчулукта сынга кабылган жана аны ала тургандар аз болгон. Ошол себептен улам өкмөт былтыр мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да насыя берүүнү чечкен. Ал Германиянын 11 миллион евро грантынын эсебинен берилмей болгон.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу "Азаттыкка" бул каражат азырынча которула элек экенин билдирди:

- Биздин максат - тиешелүү өлчөмдө каражат тартып келүү. Ошондуктан Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Бюджеттен же өкмөттөн бөлүнгөн акчаны банктар аркылуу элге таратып коюш үчүн бул компанияны түзүүнүн кажети деле жок болчу. Мындан тышкары, биздин милдет - 2016-жылы күчүнө кирген "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу. Буюрса, 200 миллион сомдук өзүбүздүн баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүп, андан түшкөн каражатты ипотекалык насыялоо системасына багыттоо аракеттери жүрүп жатат. Немис өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро тартуу маселеси жакында оңунан чыкканы турат, тиешелүү иштер аяктап калды. Бул - быйыл бүткөрүлө турган иштер. Мындан тышкары, башка эл аралык каржы уюмдары менен да иштеп жатабыз. Азырынча тыянак чыга элек.

Нуржигит Үсөнакун уулу кошумчалагандай, азыр Чүй жана Нарын облустарында көп батирлүү эки үй курулуп жатат. Быйыл Каракол, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас шаарларында да курулуш баштоо мерчемделүүдө. Батир баасы бычыла элек. Кыргызстанда орточо айлык акы 14 миң сомду түзөт. Финансы министрлиги 2018-жылдын бюджетин пландап жатканда орточо маяна 16 миң сомдон ашаарын билдирген. Бирок экономист Кубан Чороев айлык көбөйгөндө деле мамлекеттик мекемелерди иштегендер ипотека баасын көтөрө албайт деп эсептейт:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

- Мамлекеттин акчасын банктарга шарт коюп бергени эле болбосо, бул компаниянын социалдык турак жай маселесин чечүүгө кандайдыр бир салымы жоктой. Мисалы, 40-50 чарчы метрлик батир сатып алууну каалагандар ай сайын 20-30 миң сом ипотекалык насыя төлөшү керек. Орто кирешелүү жарандардын мындай акчаны төккөнгө чама-чаркы жетпейт. Мүмкүнчүлүгү, шарты жок.

Коомчулукта мамлекеттик ипотеканын коммерциялык банктар берген ипотекадан айырмасы жоктугу сөз болуп эле жүргөн. Маяна аз болгондуктан, арзан турак жай долбооруна акчалуулар гана катышып жатканы тууралуу маалыматтар буга чейин да айтылып келген. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, бир катар депутаттар өкмөттү мамлекеттик ипотеканын баасын арзандатуу жолдорун иштеп чыгууга чакырган.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, былтыр "Арзан турак жай" программасына катышуу үчүн Кыргызстан боюнча 6 миңден ашык киши арыз берген. Алардын тизмеси банктарга жөнөтүлгөн. Аталган программа кабыл алынган 2 жарым жыл аралыгында жалпы 2400дөй киши жалпы суммасы 2,5 миллиард сомдон ашык насыя алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Каракол: мэр менен шаардык кеңештин талашы

Каракол шаары.

Караколдо шаардык кеңеш менен шаар башчынын ортосунда пикир келишпестик болуп жатат.

Шардык кеңештеги депутаттар тобу мэрдин кызматтан кетишин талап кылып жатат. Шаар башчы Данияр Арпачиев болсо кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып, бирок аны премьер-министр канааттандырбаганын билдирди.

Караколдун мэри Данияр Арпачиев өткөн айда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча өкмөткө арызын жазганын “Азаттыкка” өзү тастыктады:

Данияр Арпачиев.
Данияр Арпачиев.

- Чынында жумуштан кетүү боюнча өз каалоом менен арыз жазып бергем. Бул арызды жазууга шаардык кеңештин кээ бир фракциялардын депутаттарынын иш-аракети түрткү болду.

Мэрдин айтымында, шаар башчынын отчетун угуудан баш тартып, анын иштен кетишин 18 депутат талап кылып жатат. Алардын арасында КСДП, "Республика", "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан" партияларынан шайланган депутаттар бар.

Данияр Арпачиев отчет сессияда каралганга чейин кызматтан кетүүгө арыз беришинин себебин саясий чыр-чатакты ырбатууну каалабаганы менен түшүндүрдү:

- Жеке өзүмдүн кызыкчылыгымды, дымагымды токтотуп, арызды жазып бергем. Бул ошол депутаттар, фракциялар арасындагы күрөштү андан ары күчөтпөш үчүн жасалган аракет болду.

Арпачиев мэрлик кызматка Каракол шаардык кеңешинде көпчүлүктү түзгөн КСДП менен "Табылга" партияларынан куралган коалициялык көпчүлүктүн сунушу боюнча шайланган.

Каракол шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Сергек Жолоочиев мэрдин ишине ичи чыкпагандардын бири. Ал шаарды жашылдандыруу жаатындагы иштер, жолдорду оңдоо сыңары аракеттер мүдөөсүнө жетпей, шаар башчы жакшы көзөмөлгө албай жатканын, ошону менен катар шаардагы муниципалдык кызматтарда орун талаш болуп, интрига күчөп жатканын айтат:

"Эгер иштей албасаңыз иштечү адам келсин" деген да сунуштар да болду. Ал эми "кетишиң керек" деп басым жасаган учурларды мен көргөн жокмун.

- Мэрдин иштебей жаткандыгы, Каракол шаарында жакшы, сапаттуу иш көргөзө албай аткандыгы боюнча депутаттардан көп сунуштар түштү, эскертүү болду. "Эгер иштей албасаңыз иштечү адам келсин" деген да сунуштар да болду. Ал эми "кетишиң керек" деп басым жасаган учурларды мен көргөн жокмун. Орун талаш болуп жатат. "Жок, эл үчүн кызмат кылабыз" дегендин ордуна интрига болуп, муниципалдык мекемелердин ордун талашып, ар бири өзүнүн кишисин коюуда. Ошого мэр да салым кошуп атат.

Ал эми кеңеште көпчүлүктү түзгөн “Табылга” фракциясынын жетекчиси Туратбек Акимканов шаардын чарбачылыгын жүргүзүп жаткан жетекчинин ишине баа берүүнүн ордуна айрым депутаттар аны саясатка айландырып жатат деген ойдо:

- Бул жагдай кээ бир адамдардын кызыкчылыгы менен болуп жатат. Жогорку Кеңештен да бул жерге тиешеси барлар болуш керек. Ошол себептен анан кетишин талап кылышкан. Бирок мэр өзүнүн ишин так аткарып жаткандан кийин "кетүүгө кандайдыр себеп көрбөй турам" деди. Буга чейинки отчетторун деле берип келген, жакшы болчу. Анан жарым жылдык отчету бар болчу, ошону тигилер "кабыл албайбыз" деп караманча каршы чыгышты, кызматтан кетириш үчүн.

Таласта төрага шайлоо создукту

Таласта төрага шайлоо создукту

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

Каракол шаардык кеңешиндеги коомчулуктан байкоочу кеңешке мүчө, активист Атыргүл Сарыбаева түзүлгөн жагдайды кеңештин ичиндеги курчуп кеткен интригадан көрөт. Анын пикиринде, мурдагы шаар башчыларга салыштырганда Арпачиев алгылыктуу иш кылып, шаарды ирээтке келтирген:

- Коалициялык эле талаш болуп жатат. Мэр өзүнүн жумушун жасап эле атат деп ойлойм. Мурунку Өмүрканов, Калыгулов, ошол эле революцияга чейинки Алиев жасай албаган базарды иреттештирүү иштерин жасап атат. Андан тышкары тыштан акча алып келсе да жарыктандыруу иштери жасалды. Анча-мынча долбоор, гранттарды алып келүүдө.

Шаар мэри Данияр Арпачиевдин айтымында, анын 14-февралда жазган арызын премьер-министр кабыл алган эмес. Ошол күндөн тартып мэр бир айга эмгек өргүүсүнө чыккан.

Шаар башчылык кызматка ал 2016-жылдын февралында кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген.

Каракол шаардык кеңешинде беш фракция бар. Андагы 31 депутаттык орундун 19ун "Табылга" менен КСДП фракциялары ээлеп, көпчүлүк көпчүлүк коаилицияны түзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сары-Булактын алтын балыгы

Сары-Булактын алтын балыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Айылдан бут кийим чыгарган ишкер

Айылдан бут кийим чыгарган ишкер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Салык менен бажыдагы коррупциялык схема аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы бажы жана салык тармагындагы жемкордук схемаларынан улам жети кишини камакка алды. Алар атайын коррупциялык схема ойлоп таап, анын кесепетинен өлкө бюджети 200 миллион сомдон ашык зыян тартканы кабарланууда. Өкмөт буга чейин бажыдагы коррупция менен аткезчиликти азайтууга убада берген эле. Өлкөдө жемкордук жайылган тармак болуп саналган бажыдагы коррупция менен аткезчиликке карата чечкиндүү чара көрүлүп жатабы?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы жана Салык кызматтарынын өкүлдөрү катышкан коррупциялык схеманын бети ачылганын жарыялады. Комитеттин маалыматына ылайык, бул эки кызматтын жана Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан схеманын кесепетинен акыркы эки жылда өлкө бюджетине 217 миллион сом зыян келген.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.

Башкача айтканда, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан. Анын жыйынтыгында бюджеттеги 217 млн. сом мыйзамсыз түрдө “сол чөнтөктөргө” түшкөн.

Буга байланыштуу УКМК Салык, Бажы кызматтарында жана "Полларис", "Интеррустрейд" ишканаларынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, кылмыш ишинин алкагында жети киши камакка алынды:

- Тергөө иштеринин жыйынтыгында жасалма документтер, чет элдик ишканаларга таандык жасалма мөөрлөр, электрондук алып жүрүүчүлөр табылды. 6-7-март күндөрү аталган фирмалардын өкүлдөрү, салык органдарынын жетекчилери менен кызматкерлери - жалпысынан жети киши Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан ашкере пайдалануу” беренелери боюнча кылмышка шектүү катары камакка алынды.

Сулаймановдун айтымында, кармалгандардын бешөө Салык кызматынын өкүлдөрү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Салык кызматы бул окуя боюнча азырынча комментарий бере албай турганын билдирди. Ал эми Бажы кызматындагы маалымат булактары болсо бул ишке тиешелүү адамдардын арасында брокерлер бар экенин айтышты.

Бул окуя өкмөттүн фискалдык органдардагы коррупция менен күрөшүү жөнүндө убадасын эске салды. Айрыкча акыркы чуулгандуу ишке катышы бар деп шек саналган Бажы кызматындагы акыркы абал коомчулуктун көз кырында турат.

Премьер-министр Сапар Исаков жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов. 5-февраль, 2018-жыл.
Премьер-министр Сапар Исаков жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов. 5-февраль, 2018-жыл.

Былтыр жыл соңунда премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын жетекчисин алмаштырып, жемкордукка каршы күрөштү күчөтөөрүн жарыялаган. Мындан көп өтпөй артынан далай сөз ээрчиген Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынса, быйылкы жылдын январь айында бажы төлөмдөрү кыйла арбыганы кабарланган.

Буга чейин бажы төлөмдөрү көбөйгөн учурду премьер-министр Сапар Исаков бул тармакты башкаруунун оңолушу менен байланыштырган жана аны паракорчулукка каршы реформанын алгачкы жыйынтыгы катары баалаган. Бирок кийинчерээк өкмөт өкүлдөрү мындай өсүштү тармактагы коррупция менен аткезчиликке каршы күрөштүн натыйжасы эмес, Кытайдан келген жүк ташуучу унаалардын көбөйүшү менен түшүндүрүшкөн эле.

Мындан тышкары Казакстандын күч органдары ири операция жүргүзүп, Кыргызстан жана башка өлкөлөр менен чек арадагы бажыда аткезчилик менен алектенген эл аралык кылмыш тобунун бетин ачканын жарыялаган. Операция учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана эки кыргыз жараны камакка алынды.

Дал ушундай кырдаал бажы жана салык тармагындагы коррупцияга каршы күрөштө чечкиндүү чаралар көрүлүп жатабы деген суроолорду жаратты. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин башчысы Таабалды Тиллаевдин айтымында, азырынча бул тармактагы мыйзамсыз иштер менен күрөш тууралуу жыйынтык чыгарууга эрте:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Бизге да бул боюнча маалыматтар келип жатат. Акыркы Коопсуздук кеңешинин жыйынынан соң иштер жыла баштагандай сезилип жатат. Бул жерде бажы органдары менен катар башка мекемелерде да атайын схемалар болуп келгени көрүнүп турат. Ошондуктан мамлекетке түшкөн төлөмдөр аз болуп келген. Эми бул кылмыш иштерин көзөмөлгө алыш керек. Биз да парламенттен бул боюнча маалыматты угуп, карайбыз.

Ал эми бажыдагы коррупцияга жана аткезчиликке каршы күрөш боюнча жарандык кыймылдын мүчөсү Клара Сооронкулованын айтымында, тармакта мыйзамсыз иштер аныкталса, ага күнөөлүү адамдар жазаланышы керек болчу. Жарандык активист азыркыга чейин бажы тармагындагы бир да жетекчинин жазага тартылбаганын белгилейт:

Клара Сооронокулова.
Клара Сооронокулова.

- Буга чейин "бир катар өзгөрүүлөр болду" деп айтылганы менен акыркы учурда алар куру сөз катары кабыл алына баштады. Себеби чечкиндүү кадамдар байкалган жок. Негизгиси - буга чейин көнүмүш адатка айланган схемалар жокко чыккан жок. Ал жагы деле түшүнүктүү. Себеби бул бажычыларды гана эмес, мамлекеттеги башка жетекчилерди да багып келген.

Анткен менен бажы тармагында олуттуу жыйынтыктар сезилбесе да, жылыштар бар экенин белгилегендер бар. Алардын бири - Жаш ишкерлер ассоциациясынын логистика боюнча комитетинин жетекчиси Рамис Ибраев.

- Бажы төлөмдөрү көбөйгөнү байкалууда. Анын бир себеби Кытайдан кирген автоунаалар көбөйгөнүнө, кара жол менен келген товарлардын коэффициентине байланыштуу. Экинчиден, аба жолдору менен келген товарлар көбөйдү. Бул жерде Бажы кызматы бюджетке төлөмдөрдү арбытуу боюнча аракеттерди баштады.

Кыргызстанда бажы тармагы коррупциялашкан тармак катары айтылып жүрөт. Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы өнөктөш Казакстандын бийлиги анда аткезчилик кеңири жайылганын билдирген эле. Кыргызстан болсо мындай дооматтарды четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Түрмөдөн тапкан "пайдам" ушул оору болду”

Кулубай Берикбаев.

Кулубай Берикбаев - алгачкы муундагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин 3-курста таштоого аргасыз болуп, 1931-жылдан 1938-жылга чейин өз айылында мугалим, айылдык кеңештин төрагасы, кийинчерээк Тогуз-Тородо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде “эл душманы” болуп камалып, жарым жылдан кийин абактан бошонуп келет. Бирок ал жерден алган оорусунан айыга албай, 61 жашында каза тапкан.

Куйручук олуя өңөрүп кеткен бала

Кулубай Берикбаев 1910-жылы Акталаанын Куртка айылында төрөлгөн. Атасы Берикбай орус бийлигинин белдүү аткаминери – старчын болгон. Ал кишинин аты чыгып турган кезинде айтылуу Куйручук олуя айылына келип калат. Бирок үйдө эч ким жок болот. Куйручук Берикбайдын үч жашар уулун атына өңөрүп: “Берикбай старчынга айтып койгула, эки жылы туу калган сары жон кара кой жетелеп келип, уулун алып кетсин”,- деп сапарын улайт. Калк арасында кадыры бийик адамдын айтканы айткандай аткарылып, атасы “олуя назарын салган” уулун алып келген экен. Бирок мындай байгерчилик заман көпкө созулбай, Кулубай алты жашында атасынан айрылып, жетимдик турмушту башынан кечирет. Совет бийлиги келгенде “старчындын баласы” катары кодуланып, бирок да жакын адамдарынын жардамы менен балдар үйүнө алынып, эртелеп билим алууга жетишет. 1929-жылы Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетине кирип, ал жерден "кулактын баласы" деп окуудан чыгарылат. Билимге дилгир улан 3-курстан окуусун таштоого аргасыз болот.

Өмүр жолундагы ушул урунттуу учурларды Кулубай ата кийин үйүндө жакын досунун баласына минтип айтып берген экен:

“Ээ балам, мен да сендей жетим болуп, ар түрдүү туугандарымдын малын кайтарып, алым келген кара жумуштарын жасап жүргөм. Качан совет мамлекети жаңыдан пайда болуп, кыргыздын жаңы латын ариби чыккан убакта ошол тамгалар менен башталгыч мектепте окуп үйрөнүп, кат жазганга жарап, айылдагы сабатсыз адамдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча элди окутууга көмөкчү болуп, 14-15 жашымдан баштап иштей баштадым. Ошентип мектептен латын ариби боюнча жакшы окугандыгым үчүн айыл кеңеши чакырып алып, ар кандай кагаздарын кол менен жаздырып, шайлоо болоордо шайлоочулардын тизмелерин көчүртүп, катуу иштетип жүрдү. Балдар үйүндө окудум. Кийин 18ге чыгып калган кезимде райондун борборундагы мекемелерде кол менен кагаз жазып иштеген иштерде такшалдым. САКУдан да окуп, аягына чыкпай калдым. "Кулактын баласы" деп куулдум. 1938-жылы мугалим, анан биринчи жолу ден соолук мекемесин тейлеген "райздрав" деген мекемеге башчынын жардамчысы болуп иштеп жүрүп, кийинчерээк райздрав бөлүмүнүн башчысы болдум. 1940-жылга чейин райздрав, анан айылдык кеңеште сельсовет болуп иштедим. 1942-жылдан 1944-жылга чейин Ак-Талаа райондук мамлекеттик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп, Улуу Ата Мекендик согуш катуу жүрүп жаткан убакта элдин турмушу өтө начарлап, ачарчылык катуу болуп турган мезгилде иштедим”.

Кулубай Берикбаев. Үй-булөлүк архивден алынган сүрөт.
Кулубай Берикбаев. Үй-булөлүк архивден алынган сүрөт.

Совет бийлигинин идеологиялык мыкчыгерлери Кулубай Берикбаевдин “социалдык жат элемент” экенин эч качан эсинен чыгарышкан эмес. Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетине чейин деле “старчындын баласынын” кодуланышынан чочуп, Кулубай Берикбаевди абасы Алжанбай атына учкаштырып алып өзү балдар үйүнө алып барган. Окууда болсун, иште болсун дайыма алдында жүргөн зирек баланын турмуш жолу ошол 1930-жылдары өз айылындагы мектепте мугалим болуудан башталган. Андан соң айылдык кеңештин төрагасы, Тогуз-Торо райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде “эл душманы” аталып, жарым жыл НКВДнын абагында отурган.

Ташкенттеги эки жылдык окуу

Кулубай Берикбаевдин уулу Дөөлөтбектин айтуусунда, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин эки жылдан кийин таштоого үй-бүлөлүк шарты себепкер болгон шекилдүү.

- Атам үй-жайына, айылына келбей, 2 жыл окуп, 2 курсун бүтүп, жөө-жаландап айылына учурашканы келген экен. “Келсем апам аябай жүдөгөн, 2 жылдын ичинде "жалгыз балам" деп саргая күтүп жүрүп 10 жылдык өмүр кеткендей картая да түшүптүр. Оорулуу да болуп калган экен” дээр эле.

"Убактым бүтүп, кайра окуума кетерде апамдын көз жашы тыйылбай, “айланайын балам, эми көрүшпөй калабыз го” деп абдан кыйноого салды. Өзүмдөн улуу аталаш агаларым да “ушул эле билимиң жетет го, дегеле тамга тааныбай биз деле оокат кылып жатабыз” деп кетиришпей, окуумдан кол үзүп, бүтө албай калдым" деп, катуу кейип калаар эле.

Ташкенттеги партиялык жогорку окуу жайына “ошол кездеги тандалма, билимдүү деп эсептелген 20-25 бала, Кыргыз автоном облусунун комиссарлыгынын чечими менен”, атайын иргөөсүнөн кийин кабыл алынчу.

Ошондой чоң электен өткөндөн кийин гана билим эңсеген жаштар “арабага жүгүн артып, жөө-жалаңдап Ташкентке жол тартышчу. Ал жерге эки жумада жетишчү, “жолдо конуп, түнөп жүрүп, араба менен барышчу” экен.

"Муздак капталымда - өлүктөр, жылуусу - тирүүлөр экен"

Айылдык мектеп мугалиминен кызмат тепкичтерине акырындап жогорулап бараткан Кулубай Берикбаев 1930-жылдардагы сталиндик кандуу жазалоонун капканына чабылып, жарым жыл адам чыдагыс азаптарды, тирүү жанды аябас кыйноону көргөнүн узун сабак сөз кылып эскерүүнү анча каалабаганынан Кулубай атанын уулу Дөөлөтбек Берикбаев минтип эскерет:

- 1930-жылдары баш көтөргөндүн баарын, эл башкарып жүргөндү камашып, айрымдары атылып, калганы суралып, алыска айдалып, кээ бирлери жарым жыл, бир жыл жатып акталып чыккан экен. Атам аны кээде айтып калаар эле. Мен анда жашмын, эсимде калганын кийин “Кулубай ата” деген китепте жаздым. Бирин бири каралап, баары шектенип, саясат ошондой жүргөн экен. Атамды катуу сурап, катуу токмоктошкон болуш керек, аны караңгы бир бөлмөгө таштап коюшса эси ооп калган экен. “Жатып калып, бир маалда эсиме келсем бир капталым муздак, бир капталым жылуу экен” дейт. “Муздак капталымда өлүктөр экен, жылуусу тирүүлөр экен, булар мага окшоп сурактан өтүп келгендер экен” дечү. Атам ошентип эси ооп жатканда Жолдубаев Турдалы деген аяш атабыз, жакын курдашы эле, ошол киши: “Ой, Кулубайсыңбы, Кулубайсыңбы?" деп эле башымды көтөрө калды” дейт. “Аны да мага окшотуп алып келип сурак кылып аткан экен” дейт. 5- 6 ай сурак кылып, ошол Акталаанын түрмөсүндө жатып, андан чыккандан кийин кайра мурдагы ордунда иштеп калыптыр. Ошонусун айтып калчу. Анткени ошол түрмөдө өпкөсүнө суук тийип, гипертония болуп ооруп жүрүп, илдеттин азабын аябай тартты. “Ушинтип өпкөнү алдырдым, жөтөлүп калдым. Түрмөдөн тапкан пайдам ушул оору болду” деп айтып калчу. Ошол оорунун айынан 61 жашында 1971-жылы каза болду. Атам "контр" деп далай мыкты азаматтар атылганын айтып калчу. Айылдагыларды да башында камап, сурак кылып, айрымдарын чыгарган экен. Көп айтчу эмес, "ушундай апаат болгон" деп калчу. “Баарыбыз камалдык, баш көтөргөн бирөө да калган жок” дечү.

Кулубай Берикбаев замандаштары менен.
Кулубай Берикбаев замандаштары менен.

Абакта көргөн азаптын залакасын Кулубай ата өмүрү өткөнчө тарткан. Анын айдоочусу Турганалы Алымбековдун айтуусунда, "ден соолугу жакшы эмес эле. “Гипертония” деп эле башын чеңгелдеп калчу. Өпкөсүндө да болсо керек, жөтөлчү. Көбүнчө жылуу кийинип, суукка урунбоого аракеттенчү”.

Чарбалык жумуштун камы менен ден соолугуна карабай, анын үстүнө абакта көргөн адам чыдагыс кыйноонун залакасынан оорулуу болуп калган инсандын өзүнө кандай караганын ардагер медик Шарипа Орозбекова эскерүүсүндө минтип белгилеген экен:

"Кулубай аке дайыма убакыт таап келип, оорулар менен сүйлөшүп, тейлөөнү билип, көрүп, “мен да "райздрав" болгомун, түшүнөм, медицина жагына” деп тамашалап калчу. Малчыларды чогуу кыдыртчу. Кан басымын системалуу текшертчү. Басымы 200дөн кемибей жүрчү. Ай сайын 200 граммдан кан алыртчу. Гипертониялык оорусу ар убак тынчын алчу. Өнөкөткө айланган эле. Кан басымы, жүрөгү, бронхити да анын ургаалдуу иштешине тоскоолдук кылуучу болгон. Жайы-кышы бутуна кийиз чокой, жонуна ичик кийчү. “Калпанын багында” аары кармачу. Мүмкүн илгери ревматизми да болсо керек”.

"Бекер жата ала турган эмесмин, койчу болоюн"

Кулубай Берикбаев ишти уюштуруп, адамдар менен иштеше билген жетекчи болгон. Аны жакшы билген замандашы Үтүр Акматовдун эскерүүсүнөн:

“1962-жылы Терек Ждановго кошулуп калган. Кулубай аке келиптир.

- Үтүр! Чабан болоюн. Фрунзеде бир жыл дарыландым, бекер жата ала турган эмесмин. Бир короо кой бер,- деди. Бир чети башкармадан койчулукка бел байлаган эрдигине таңгалдым. Басынбай, эч нерсе болбогондой эле кадимкисиндей, жадырап-жайнап сүйлөшүп отурду”.

Дөлөтбек Берикбаевдин атасы тууралуу эскерүүсүнөн:

“Атамдын ден соолугу начар болчу. 1938-39-жылдары "контрга" кабылып, ошол жерде өпкөсүнөн пневмония оорусуна чалдыгып келген экен. Ошол оорусу өмүрүнүн аягына чейин өзүн коштоп жүрдү.

Оорулуу адам көп учурда түнүндө да тынчы жок эле. Тынчы кетип, көп жөтөлүп ары-бери басып кыйналган учурлары көп болчу. Ошол мезгилдерде апам жеңил-желпи, дайыма даяр болоор эле. Кабагым-кашым дебестен атамдын көзүн карап, керектүүсүн белендеп, түн уйкусун сезчү эмес.”

Ошентип ооруп жүргөнүнө карабастан, Кулубай ата 1960-жылы башкармалыктан түшкөндөн кийин бир короо ирик багып, этке төгүп бериптир. Жоопту кызматтарды аркалап жүргөн жетекчинин кой артына түшүп, оор жумушка бел байлашын өзү эмгексиз тура албагандыгы, асылган оорудан азыноолок кутулганын жайлоонун таза абасында, мал түйшүгү менен өткөрүүнү чечкендигине байланыштуу түшүндүргөн экен. Чарба түйшүгүнө көнгөн адам үчүн койчулук деле сыймыктуу иш экенин ырастаган. Кулубай атанын өмүр жолун иликтеген талантуу акын Өмүрбек Дөлөев бул иштин чоо-жайын мындайча түшүндүрөт.

- Ошол кезде "жалган эсеп-кысап" деп көп жетекчилерге “калбыр” тагылып калган. Кулубай ата андан аман калган. Бирок иштен алынган. Ал киши жөнөкөй, жөн жаткысы келбеген эмгекчил киши экен, партиянын Борбордук комитетинин мүчөсү экен, анан бир короо кой алып Арпага чыгып кетип атпайбы. Кызматтан түшкөндөн кийин көптөрү үйүнөн чыга албай калса, ал киши кой багып, жөнөкөй турмуш кечирип, эл ичинде жүрүп атпайбы.

Кулубай Берикбаев.
Кулубай Берикбаев.

Бирок алышкан оору, 1938-жылкы НКВД абагындагы кыйноолордун салакасынан кыйналган улуу инсан өмүрүнүн соңку жылдарын жалаң каражанынын кайгайы менен өткөргөн, шыпаа болуп калар деген үмүттө дарыгерлер айткан эреже-талаптарды так аткарган. Ден соолугу абдан начарлап, дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болуш үчүн жер которуп башкалаага келген. 1971-жылы 10-февралда Фрунзе шаарында каза болгон.

Кулубай атанын эл үчүн жасаган эмгегин эскерип, каргадай бала кезинен жетимчиликтин азабын тартып, кийин совет бийлигинин тушунда системанын катаал жазасына туш келип, андан аман калгандан кийин өмүрүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшаган өрнөктүү жашоосу таланттуу акын Өмүрбек Дөлөевдин “Кулубай ата” китебинде чагылдырылган. Басылма 2010-жылы жарыкка чыккан. Кулубай Берикбаевдин 100 жылдыгына арналган китепте өмүрүн социалисттик айыл чарбасын өнүктүрүүгө арнаган бүтүндөй бир муундун эмгеги баяндалган. Кулубай ата өмүрүн арнаган социализм ХХ кылымдын соңунда тарых тактысынан шыпырылып түшөрүн, ал учурда айтууга тыюу салынган кандуу жазалоонун маани-жайы чечмеленээрин, кажыбаган эмгек менен жасалган социалисттик мал-мүлк таланып, тарых сыноосуна башка заман, башка система келээрин билбей кетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жөлөкпул мыйзамынын ишке ашышы күмөн

Жайлоо (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Өкмөт сунуш кылган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзам долбоорун парламент 7-марттагы жыйындын күн тартибинен алып салды.

Бул мыйзамга президент былтыр кол коюп, январда күчүнө кирген. Өкмөт "оңдоп-түзөө керек" деген негизде анын мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну сунуш кылып, Жогорку Кеңештин чечими менен 1-апрелге чейин узартылган.

Бул ирет өкмөт жер-жерлерде коомдук талкууларды өткөргөнгө чейин долбоорду парламенттин жалпы жыйынында карай берүүнү суранып, бирок ал көпчүлүк добуш менен четке кагылды.

Демилгечи депутаттар өкмөттүн түзөтүүлөрүндө эски коррупциялык схемалар калганын айтып чыгышты. Коомчулукта мыйзам долбоорун "популизм" деп сындагандар да бар. Экономисттер да ошондой пикирлерди колдоп, бюджеттин азыркы шартында мыйзамдын иштеп кетишинен күмөн санашууда.

Жогорку Кеңештин 7-марттагы жыйынынын күн тартибине өкмөттүн “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзам долбоорун киргизүү сунушу көпчүлүк добуш менен коюлган жок. Мыйзам долбоорун кароону сунуш кылган спикер Дастан Жумабеков "өкмөттүн кызыкчылыгын коргоп жатат" деген сынга кабылды.

- Кандай иштелип, кандай жазылып келгенин билели да. Туура эмес жазылса угалы. Биз "оңдоп-түзөп келгиле" деп талап кылганбыз. Социалдык маселелер жана Бюджет комитеттери карады.

Дастан Жумабековдун бул пикирин депутат Жанар Акаев четке какты. Анын айтымында, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде каралганда да регламент бузулуп, долбоор шашылыш кабыл алынган:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Бизге мыйзам долбоорун жарым саат мурун берип туруп, кабыл алганбыз. Окуганга жетишкен жокпуз. Мына бүгүн да ошол нерсе кайталанды.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга былтыркы президенттик шайлоону утурлай ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Документ 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү, үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө балдары 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү камтылган.

Бирок өкмөт мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдыра турууну парламентке сунуш кылып, анын убактысы 1-апрелге чейин узартылган. Өкмөт мүчөлөрү буга мыйзам долбооруна каршы Нарында болгон митингди жүйө келтиришип, документтин оңдоло турган жерлери көп экенин айтышкан. Бул жолу эмнеге чукул түрдө депутаттардын талкуусуна коюу аракети көрүлгөнүн өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн орун басары Исламбек Мойдинов минтип түшүндүрдү:

- 1-апрелге чейин кабыл албасак укуктук боштук болуп калат. Экинчиден, 12-марттан тартып жер-жерлерде коомдук талкууларды өткөрөбүз. Буга чейин сайтта коомдук талкууда турду. Күн тартибине киргизип карап эле берсеңиздер, 1-апрелге чейин үлгүрүп калалы.

Нарын: жөлөкпул мыйзамына каршы ачкачылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

Январда күчүнө кирип, бирок токтоп турган мыйзамдын демилгечилеринин бири, КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова документтин өкмөт оңдоп-түзөгөн вариантында эски жоболор кайра киргизилип калганына нааразы болду:

​- Биз бул долбоорду эски мыйзамдагы коррупциялык схемаларды жоготуш үчүн иштеп чыкканбыз. Өкмөт эски коррупциялык схеманы сунуш кылып атат, ошого көпчүлүк депутаттар каршы чыктык. Анын үстүнө булардын кайра сунуш кылган мыйзамы биздин регламентке туура келген жок. Регламенттин тартибинде бекитилгендей талкуу болгон эмес. Ошондуктан "оңдоо керек болсо, жай оңдоп, мыйзам негизинде иш кылалы" деп аны токтоттук. Мыйзам сайтка жарыяланып эле тим болбой, бардык облустарда коомдук талкууга коюлушу керек эле. Документ боюнча жөлөкпулду алыскы аймактарда жашагандар алат. Алар жаңы сунуш кылынган мыйзам долбооруна карата кандай ой-пикирде экенин билишибиз зарыл болчу.

Коомдо "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" президент кол койгон мыйзамдын аткарылышынан шек санагандар да чыгат. Экономист Эркин Абдразаков документти "саясий упай топтоо" максатын көздөгөн, популисттик кадам катары сыпаттап, аны ишке ашырууга мамлекеттин казынасы түтпөйт деген пикирде.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

- Бизде көбүнчө чала мыйзамдарды сунуш кылып коюшат. Ал эч качан иштебейт. Биздин экономикага туура келбеген мыйзамды түрткүлөгөнү менен анын аткарылбай турганы көрүнүп калды. Өкмөт өз кемчилигин моюнга алып жатса да, айрым депутаттар "колдоп коелу" дегени мага жийиркеничтүү.

Эркин Абдразаков өкмөттүн толук өлчөнбөй туруп, кыска максатты көздөп иштелип чыккан, чала жазылган мыйзам долбоорлору көбөйүп кеткенин жана ал үчүн эч ким жооп бербей, бул көнүмүш адатка айланып келатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев да ушундай көз карашта. Ал 7-марттагы сессияда чийки мыйзамдарды алып келүүнү токтотууну өкмөттөн талап кылды:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Эл аралык комитетте "Миграциялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жөнүндө" Орусия менен түзүлгөн келишим тууралуу мыйзам долбооруна президенттин койгон ветосун карадык. Аны да ушул эле өкмөт өкүлдөрү "премьер-министр үч окуудан кабыл алып беришибизди сурап" атат деп, кабыл алып бергенбиз. Эки айдан кийин премьер "парламент мыйзамсыз мыйзамды кабыл алып коюптур, вето коюңуз" деп президентке кат жазып атат. Эми ошону бүтүрө албай жатып, уялбай кайра келип атасыңар! Биз бузук мыйзам менен Кыргызстанды оңдой албайбыз, парламенттин аброюн көтөрө албайбыз.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын Карамат Орозова, Аида Касымалиева баштаган депутаттар тобу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте иштеп чыккан. Аны 2017-жылы парламент кабыл алып, президент кол койгон. Ага ылайык, документ быйыл 1-январда күчүнө кирүүгө тийиш болчу. Бирок өкмөт Нарын шаарында өткөн митингди жүйө келтирип, былтыр декабрда документте оңдоого муктаж жана кошумча изилдей турган жоболор бар деп анын ишке кирүү мөөнөтүн үч айга, 1-апрелге чейин узартууну өтүнгөн. Натыйжада, Жогорку Кеңеш бул суранычты канааттандырган. “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кабыл алынган.

Демилгечи депутаттар "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыкканда ага Эмгек жана социалдык өнүгүү, Каржы министрлиги оң пикир билдиргенин, эми аны улам артка жылдырып жатканы түшүнүксүз экенин айтып жатышат. Алардын маалыматына караганда, "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөткө берилген мөөнөт 1-апрелде аяктайт. Эгер ага чейин парламентте каралып, өтпөй калса 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирүүгө тийиш болгон мыйзамдын жаңы редакциясы иштей баштайт. Аны аткарыш үчүн мамлекеттик казынадан жыл сайын 7 миллиард сом талап кылынат. Мурунку мыйзамда бул сумма 1 миллиард 800 миллион сомго аз болчу.

"Жөрмөлөткөн" жөлөкпул
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:32 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

IBA: адвокаттар куугунтукка алынбашы керек

Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык адвокаттар ассоциациясы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун жагдайына тынчсыздануусун билдирди. Бул уюм кыргыз өкмөтүн жактоочунун кесиптик милдеттерин аткарууга шарт түзүп берүүгө жана ал саясий куугунтукка кабылбай тургандыгына кепилдик берүүгө чакырды.

1947-жылы түптөлгөндөн бери дүйнө жүзү бою 80 миң жеке адвокаттын жана 200дөй укуктук уюмдардын башын бириктирген Эл аралык адвокаттар бирикмеси (International Bar Association's Human Rights Institute) абакта жаткан саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын жагдайына тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун төрагасы Ханс Кореллдин кыргыз өкмөтүн адвокаттардын ишин алардын кардарлары менен байланыштырбаганга үндөгөн:

“Эл аралык адвокаттар уюму Кыргызстандын өкмөтүн жактоочуларга өздөрүнүн мыйзамдуу кесиптик милдеттерин куугунтуктан жана кысымдан коркпостон аткарууга колдон келишинче шарт түзүп берүүгө чакырат. Кыргызстандагы адвокаттар саясий көз карашына карабастан бирөөнүн укугун жактоого акылуу жана алардын ишмердигин кардар менен байланыштырбыш керек”.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова бул тууралуу "Азаттыкка" пикирин билдирди.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Мен, биринчиден, адвокатмын, юристмин. Басма сөз жыйындарына чыкканда менде Өмүрбек Чиркешовичтин тилкаты болгон. Экинчиден, менде "бул документти басма сөз жыйынына чыгып, көрсөткүлө" деген Текебаевдин өз колу менен жазылган каты турат. Мен 2012-жылдан бери Өмүрбек Текебаевдин кызыкчылыгын соттордо колдоп келе жатам. 2012-жылдан бери ал менин кардарым. Анан биринчи жолу түрмөгө отуруп, камалып атса, анан мен кантип жок деп кетип калам?

Таалайгүл Токтакунова учурда бул маселе тууралуу алар эл аралык сотторго кайрылып жатышканын кошумчалады.

Кыргызстандын юристтери менен адвокаттары да Таалайгүл Токтакуновага козголгон иш жана анын натыйжасындагы соттун чечимдери Конституцияга каршы келээрин айтып жатышат. Алардын бири Нурлан Сыдыков буга соттордун көз карандылыгы себеп болуп жатат деп эсептейт:

- Тилекке каршы, бүгүнкү күнү соттор өздөрүнүн кудуретсиздигин көрсөттү. Алар кандайдыр саясий кысымдын алдында турушат. Алар жогорку даражадагы аткаминерлердин айткан ар бир сөзүн буйрук катары кабыл алышат. Мындай мамилени адвокаттарга гана эмес, парламенттеги оппозициячыл саясатчыларга карата да байкаса болот. Мындай доо арыздардын баары сөз эркиндигин кысымга алууга багытталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ар бир эле эл аралык уюмдун билдирүүсүнө реакция кылуу мүмкүн эмес экенин айтып, "соттун чечимине президент өзү да кийгилише албайт" деген оюн билдирди.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Бизде эл аралык уюмдар көп эле. Алардын ар биринин айтканына реакция кыла берсек кандай болот? Парламентте бул маселени көтөрсө болот, бирок "соттун чечими аткарылсын же аткарылбасын" деп парламент чечим чыгара албайт. Соттун чечими чыккандан кийин, ал аткарылышы керек.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз былтыр мартта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, "Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар" деген маалымат таратышкан. Муну алар партия лидери Текебаевдин билдирүүсүнө таянып айтышкан.

Башкы прокуратура мамлекет башчынын кадыр-баркын коргоп, аларды сотко берген. Райондук, шаардык, андан кийин Жогорку сот көзөмөл органдын доо арызын толук канааттандырып, алардан 10 миллион сом өндүрүп алуу жөнүндө чечим чыгарган. Сөз болуп жаткан сумманы өндүрүш үчүн Таалайгүл Токтакунованын мүлкүн сатыкка коюу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко кайрылып жатканын 6-мартта "Ата Мекендин" юристтери кабарлашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Эже-сиңдилер": казан-табак "карьерасы"

"Эже-сиңдилер": казан-табак "карьерасы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:23 0:00

Рыскулова: "Сезимге" келген ар бир келин кызымдай

Рыскулова: "Сезимге" келген ар бир келин кызымдай
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:43 0:00

Жээнбеков изкубар Исмаиловго ишенди

УКМК.

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматына Сагынбек Исмаиловду жетекчи кылып дайындады.

Бул кызматтын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев өткөн айда иштен кеткен. Анын алдында Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшө турган органдардын баарын, айрыкча Коррупцияга каршы күрөш кызматын сынга алган жана анын форматын өзгөртүү керектигин айткан. Ушундан улам Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жаңы жетекчиси ким болору коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган.

Алымбек датканын иштерман чөбөрөсү

Презденттин басма сөз кызматы Исмаиловдун Коррупцияга каршы күрөш кызматына дайындалганы тууралуу расмий маалыматта ал 1990-жылдары бир катар чуулгандуу кылмыш иштеринин бетин ачканын, өтө коркунучтуу, куралчан кылмышкерлерди кармаганын, ошондон улам мөөнөтүнөн мурда полковник наамын алганын, атайын курал менен да сыйланганын билдирди.

"Азаттык" Исмаиловдун өзү менен бул макала жазылып жаткан учурда байланыша алган жок. Ал тууралуу мурда-кийин ички иштер органдарында жетекчилик кызматта иштеген бир катар адамдардын пикирине кызыктык.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаттары, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ал тууралуу сүйлөгөндөн караманча баш тартышты.

Милициянын генерал-лейтенанты, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев Сагынбек Исмаилов тууралуу айтып берди. Кутуев анын иштерман экенин белгиледи жана Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп дайындалганын кубаттады:

Өмүрбек Кутуев.
Өмүрбек Кутуев.

- Сагынбек Исмаилов турган турпаты менен милиционер. Карагандадагы мектепти бүткөн, ишин кылмыш иликтөө бөлүмүндө баштаган. Ишти коен жатагына чейин билет десе болот. Сокулук районунда менде иштеген. Өзү алайлык. Курманжан датканын чөбөрөлөрүнөн болот. Бирок өмүр бою бул жакта, түндүктө деп коеюнчу, иштеп келди. Мен министр болуп турганда "Ошту көрүп-билип, таанышып келчи" деп жөнөткөм. Ал тууралуу бир гана сөз айтып коеюн - иш дегенде баарын таштайт, тууган-жакын дегенди билбейт. Азыр бизге ушундай кишилер керек. Атасы деле чоң кызматтарда иштеген, туугандары деле көп эле болсо керек. Кызмат менен жүргөн, иш менен эле жүргөн жигит.

Өмүрбек Кутуев Сагынбек Исмаиловдун ишиндеги бир окуяны да эстеп айтып берди:

- Мен Сокулукта милициянын башчысы болуп дайындалган кызматкерлерди тандагам. Бишкектен Крайнёв деген орус жигит менен Сагынбек Исмаиловду алып баргам. Сокулуктун эли кыйын да, шаардан келгендерди "келгиндер, туристтер" деп коюшчу. Мен аларга "турист болбогула" деп айтсам, Исмаилов бир жыл бою шаарга келбей, райондук милициядагы кабинетинде жатып алып иштеген. Күнү-түнү да "келе калганда" деп жумушка жакын квартира издеп, тапкыча бир жыл бою ошол кабинетинде жашап иштеген. Мага бул жигит ошондо жагып калган. Иштерман.

Жаныш Бакиев менен байланышы

Сагынбек Исмаилов дайындалганда аны мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев менен байланыштырган сөздөр чыкты. Генерал-лейтенант Өмүрбек Кутуев Исмаилов Жаныш Бакиев менен чогуу иштешкенин бышыктады, бирок "анын "оң колу" болгон" деген сөздөрдү жокко чыгарды:

Жаныш менен баары эле иштеген да, ал да бул тармакта 20-30 жыл иштеген да. Ал деле жакшы эле иштеген, үй-бүлөлүк, андай-мындай жагдайлар болуп кетпегенде ал деле жакшы эле иштечү.

- Жаныш Бакиев менде иштеген, аны менен мен деле жакын болчумун. Ал да Карагандадагы милиция мектебин бүтүргөн. Исмаилов Жаныштын орун басары катары болгону беш айдай гана чогуу иштеп калган. Жаныш которулуп чоңоюп кеткен, бул болсо ошол жерде калган. Жаныш менен баары эле иштеген да, ал да бул тармакта 20-30 жыл иштеген. Үй-бүлөлүк, андай-мындай жагдайлар болуп кетпегенде ал деле жакшы эле иштечү. Ал деле изкубар (опер) болчу. Жалал-Абадда, бул жакта иштеген. Милицияда кайсы жакка жөнөтсө ошол жакта иштейсиң. Коррупцияга каршы күрөш үчүн бардык системаны оңдош керек. Бул жерде президент, премьер-министр баш болуп эрк керек.

АКС аксады...

Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин президент Сооронбай Жээнбеков мындан туура бир ай мурда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сынга алган. Ал бул кызмат негизги милдетин аткарбай калганын, анын кызматкерлери өздөрүн "башкалардан өзгөчө сезген топко" айланганын, бул кызматтын ишин өзгөртүш керек экенин билдирген:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- АКС (Коррупцияга каршы күрөш кызматы) бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калды. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу, адалдоо иштерин аныктоо жана ага катышкан кызмат адамдарын жоопко тартуу боюнча АКСтин жумушу көрүнбөйт. Коррупциялык схемаларды аныктап, ачыкка чыгаруу боюнча биз талап кылгандай натыйжаларга жетишкен жок, көмүскө схемаларды билсе да ачык айтпады.

Мугалимдерди, социалдык тармактагы кызматкерлерди 1500 же 8000 сом пара менен кармап, бирок ири кылмыштардын бетин ачууга тийиштүү көңүл бурулган жок. АКСтин алдына койгон пландары чаржайыт, кайталанма болуп, коюлган талаптарга жооп бербей жатат. Аталган фактылар АКСтин ишмердиги натыйжасыз болуп жатканын көрсөтөт. Ага байланыштуу АКСтин ишин жаңы форматка өзгөртүү зарылдыгы келип жетти деп эсептейм. АКСтин кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келерин карап чыгуу зарыл.

"Коррупцияга каршы күрөш боюнча ишкерлер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова Коррупцияга каршы күрөш кызматын анын жобосун өзгөртүүдөн башташ керек деп эсептейт. Ал мындан сырткары бул кызматтын ыйгарым укугун кеңейтиш керек, ошол эле учурда коомчулукка ачык болушу зарыл деген оюн айтты:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- Коррупцияга каршы күрөш кызматы бизнеске же турмуш-тиричиликтеги коррупцияга кийлигишпеши керек. Ага каршы күрөшкөн башка органдар деле турат. Бул кызмат жалаң гана бийликтеги, саясий коррупцияны карашы керек. АКС "укук коргоо органдары коррупция менен кантип күрөшүп жатат" деп аларды көзөмөлдөп, координациялашы зарыл. Азыр муну Жогорку Кеңештин токтому менен Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Бирок прокуратуранын өзүнүн ыйгарым укуктары бар. Ал мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Ушул жагын да карап чыгыш керек. Координациялоону АКСке берүүгө убакыт келди, анын ушундай ыйгарым укуктарын карап чыгыш керек. АКСтин ыйгарым укуктары кеңейгеден кийин ал жарандарга, жарандык коомго, сынга ачык болушу керек. УКМКга "негизсиз кылмыш ишин козгогон" деген дооматтар айтылып жатпайбы, ошондуктан бул укугун карап чыгып, жоопкерчилигин күчөтүш керек. АКСтеги кадр маселеси дегенде бул жакта жалаң эле тергөөчүлөр болбошу керек, көбүрөөк талдоочулар керек. Анткени бир кылмыш ишин козгоп, аны менен коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес.

Кеп бир органдабы?

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдирасулова болсо коррупцияга каршы күрөшө турган кызматты түзүүнүн кажети жок деп эсептейт:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Бир эле кызмат түзүп коюп коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Мен билим берүү тармагындагы бир мисалды айтайын. Мисалы, студент баа алыш үчүн акча берет, ага каршы сырттан бир да кызмат күрөшө албайт. Коррупция менен ар бир мекеме, министрлик күрөшүп, ичинен тазаланышы керек. Ар бир мекеменин ичинде ыкмалар, мотивация болууга тийиш. Мотивация дегенде бул кайра эле айлык акыга барып такалат. Азыр АКС дейбизби, дагы башка дейбизби, бир кызмат түзүп, анын башчылыгына кимди дайындаса деле, маселен, ошол эле Сооронбай Жээнбековдун өзүн алып барып койсо деле коррупция менен күрөшүү кыйын болот.

"Опер-супер"...

Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жаңы жетекчиси, 55 жаштагы Сагынбек Исмаилов ички иштер органдарында, ыкчам кызматта баш-аягы 35 жыл иштеген. Милиция чөйрөсүн жакшы билгендер мындай кадрларды "сөөгү да, эти да кызыл" деген топко киргизишет.

Ал 1985-жылы Казакстандын Караганда шаарындагы милициянын жогорку мектебин аяктаган. Иш жолун 1982-жылы ошол кездеги Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуудан баштаган.

Сагынбек Исмаилов.
Сагынбек Исмаилов.

1996-жылга чейин Сокулук райондук милициясында, Бишкек шаарында, ИИМде ыкчам кызматкер болуп, кылмыш иликтөө бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1996-1998-жылдары Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеген.

Исмаилов 1998-2002-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгын башкарган. 2000-2002-жылдары Оштогу Кара-Суу райондук милициясын жетектеген.

2003-2005-жылдары Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин Түштүк башкармалыгынын башчысынын орун басары, башчысы болуп иштеген. Андан кийин үч жыл бою ИИМдин Кылмыш иликтөө боюнча башкы башкармалыгын жетектеген. 2009-2010-жылдары Нарын облустук милициясынын башчысы болгон.

Сагынбек Исмаилов 2010-жылдан тарта ыкчам кызматтардан дээрлик оолактап кеткен. 2017-жылга чейин ИИМде адистештирилген Мамлекеттик коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Ыкчам талдоо башкармалыгынын башчысы, бир жыл Кылмыш изилдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси, КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары өңдүү кызматтарда жүргөн. Былтыр жазында ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган жана ушул кезге чейин иштеп турган.

Коррупцияга каршы күрөш кызматын мындан жети жыл мурда ошол кезде жаңыдан президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев түзгөн. Ал да кызматка киришип жатканда "коррупцияга каршы аёосуз күрөш болот" деп убада берген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Феминисттер: Зомбулукка жол жок

Феминисттер: Зомбулукка жол жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Абактан чыккан аялды коом өгөйлөйт

Абактагы келин (архивдик сүрөт)

Аялдардын эл аралык майрамын утурлай Степное айылындагы №2 аялдар абагында салтка айланган майрамдык иш-чара өттү.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыз-келиндер бийликтен мунапыс берүүнү, абактан чыккандан кийин коомго аралаштыруу, жумуш менен камсыз кылуу маселелерин чечип берүүнү бийликтен суранышты.

Залдын ичи кыраан-каткы күлкү, кол чабуулар, өз командасын сүрөө, сахна артындагы толкундануу, ыр ошол эле учурда муңайым көз караш...

Мунун баары аялдар абагындагы көрүнүш. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы быйыл да салтка айланган майрамдык иш-чара уюштурду.

Абактагы аялдар буга дээрлик бир айга чукул даярданышкан.

Кийим тигип, залды кооздоп, күлкүлүү окуяларды ойлоп таап, жыйынтыгында бийлеп чер жазышты.

Темир тор артындагы сулуулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

"Бир күндүк иш-чара аз да болсо эски жараны унуттуруп, көңүлүбүздү көтөрөт" дейт абакта төрт жылдан бери жазасын өтөп жаткан маектеш.

Атын атагысы келбеген аялдын айтымында, ал Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") боюнча айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

- Биз 25 күндөй даярдандык. Майрамдык маанай жакшы. Ушундай иш-чаралар аз да болсо кайгыны унуттурат. Мен баламды бала баккан аялга берип, ошондон кармалып калгам. Москвага барып иштеп келип, баламды кайра алам деп ойлогом. Акчага деле саткан эмесмин. Кырсык да эми, эмне кылайын... Азыр ал балам балдар үйүндө, чоң балам апамда. Апам Москвада жашайт. Биздин тилегибиз эле бул жерден чыгып, балдарыбызды, ата-энебизди дени сак, тирүү көрүү... Сыртыбыздан ойноп-күлгөнүбүз менен ичибизде эмне болуп жатканын эч ким билбейт, ичибиз ыйлайт... "Бул күндөр дагы өтөт" деген менен бул жакта чирип кетесиң, ишенесизби? Бир күн өткүчө канча болосуң... Өзүбүздү ушинтип бийлеп алаксытабыз.

Кыргыз түрмөлөрүндө, анын ичинде аялдар абагында жумушсуздук, боштондукка чыккандан кийин коомго аралашуу сыңары бир катар проблемалар бар. Мындан сырткары мунапыстан үмүт кылып отургандар арбын экенин бир нече жолу соттолгон Айжаркын Мурзабаева билдирди:

- Эки жолу тең кырсык болуп абакка келип калдым. Бир топ жылдан бери отурам. Абактан чыккандарга жардам бере турган коом, уюм болсо, моралдык колдоо көрсөтүлсө жакшы болмок. Абактан чыккандарды киши ордуна көрүшпөйт. Эч ким жумушка албайт. Соттолгон адамсыңбы - бүттү, сен киши эмессиң.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыз-келиндер мындай жагдайлар аялдарды кайра кылмыш кылууга түртөт деп эсептешет.

Учурда аялдар абагында 330дай аял жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 25 пайызы киши өлтүрүү боюнча айыпталган. Арасында бир нече жолу кайтып келгендер да бар. Аялдар абагынын жетекчиси Амангазы Искендеровдун маалыматына караганда, кийинки учурда алдамчылык менен камалгандар көбөйдү.

- Абактагы аялдар азайып жатат. Азыр алардын 25 пайызы 97-берене ("Киши өлтүрүү") менен түшкөн, баңгизатка байланыштуу камалгандардын саны 25-30%. Акыркы күндөрү 166-берене ("Алдамчылык") менен күнөөлөнүп келип жаткандар бар.

Кыргызстанда бир эле аялдар абагы бар. Ошондуктан өспүрүм кыздардан тартып 70 жашка чейин аялдар ушул жерде кармалат. Жети келин ымыркай балдары менен отурат.

"Азаттыктын" архиви: Абактагы аялдардын кыялы. 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБдин мурдагы жетекчиси агынан жарылды

Бишкек ЖЭБи

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу энергетика багытындагы мекемелердин жетекчилерин "ишке шалаакы мамиле кылган" деп сындап чыкты.

Ал жетекчилер кырсыктын "чыныгы себебин жаап-жашырып, элге туура эмес кабар берип жатат" деп эсептейт.

Маалыматка караганда, кырсыкка модернизация иштеринде ЖЭБде химиялык суу даярдоо системасынын курулбаганы жана имараттар өз убагында оңдолбогону түрткү болгон. ЖЭБдеги кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын 6-марттагы жыйынында эл өкүлдөрү да: "Химиялык жаңы блок эмнеге курулбады?" деген суроого тиешелүү жетекчилерден оңдуу жооп ала алган жок.

Жылуулук электр борбору баш ийген "Электр станциялары" ачык акционердик коому, анын ишин көзөмөлдөгөн "Улуттук энергохолдинг" бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бул ишканалар жана өкмөт буга чейин ЖЭБдеги кырсыкты насостук станциянын иштен чыгышы менен түшүндүрүп келген.

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ишкананы модернизациялоодо бир катар мүчүлүштүк кеткенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, январда түзүлгөн кырдаал үчүн күнөө анын өзүнө жана кызматкерлерге оодарылып, чыныгы жооптуулар жазадан кутулууга аракеттенүүдө. Ал ЖЭБди көзөмөлдөгөн "Электр станциялары" менен "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилери өндүрүштүк кырсыктын чыныгы себебин жаап-жашырып, аны суу бөлүштүрүүчү насоско байлап жатат деп эсептейт:

- ЖЭБдеги кырсыкка модернизациялоодо химиялык блоктун курулбай калганы себеп болгон. Ал сөзсүз курулушу керек болчу. Ошол маалымат элге жайылып кетпесин дешти. Мен ЖЭБдин директору болгондо да, башкы инженери болуп турганда да "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилерине бир нече жолу кат жазып, химиялык блок керек экенин кабарлагам. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келген. Жетекчилер буга чейин деле "модернизацияга сөз тийгизбегиле" деп айтышкан. 30-январда парламенттеги жыйында да химиялык цех салынбай калгандыктан, жаңы жана эски станцияга суу жетпей калып, кырсык болгонун айткам. Ошондон бир күндөн кийин мени иштен алышты. Бул анча деле чоң кырсык эмес болчу. Аны эки-үч саатта оңдоого болот эле. Бирок кырдаалды дагы бир жагдай татаалдаштырды. Машина залынын, от жаккан цехтин чатыры, терезелери жок. Цехтин ичи суук болгондуктан, суу тоңуп калып, мүшкүл ошондон башталды. Ошентип кырсык бир жумага созулуп кетти.

Нурлан Өмүркул уулу кошумчалагандай, 2015-жылдан бери Бишкек ЖЭБин ремонттоого акча бөлүнгөн эмес. Бирок былтыр экс-президент Алмазбек Атамбаев модернизацияланган ЖЭБдин ачылышына барарда көзгө көрүнө турган имараттар сырттан эле косметикалык ремонттон өткөрүлгөн экен:

Президент келерде имараттардын сыртын эле актап коюшкан, ал өтчү жерлерге гүл-пүл отургузулуп дегендей.

- Президент келерде имараттардын сыртын эле актап коюшкан, ал өтчү жерлерге гүл отургузулуп дегендей. Биз ага чейин жыл башынан бери эле "ремонт жасаш үчүн тендер өткөрүп бергиле" деп кат жазганбыз. Чатырды жаап, терезелерди коелу дегенбиз. Ноябрдын ортосунда бизге "тендер өттү, жеңүүчү компания тандалды, ошолор менен ишти жасагыла" деген кат келди. Ал кезде жылуулук сезону башталганына бир ай болуп калган. "Иштин мөөнөтү 31-декабрь" деп беришкен. Тендерден жеңген ишкана бир жарым ай иштеди, бирок жумушту толук бүтүрбөй кетип калды. "Үнөмдөө" деп жатып ремонтко акча бөлүнбөгөнү да кырсыкка кошул-ташыл болду.

ЖЭБди модернизациялоо долбоору былтыр 30-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда салтанаттуу аяктаган. Мамлекеттик телеканалда ишканада ар бир мык жаңыланганы тууралуу сюжет жарыяланган эле.

Мурдагы директордун айтымында, 2016-жылдан баштап жабдууларды жаңылоо, куруу боюнча бир нече жыйын болуп, тиешелүү протоколдор түзүлгөнү тууралуу далилдер бар. Бирок тиешелүү аткаминерлерден жооп болбой, модернизацияланган борбор химиялык суу даярдоочу жабдуусу жок эле кабыл алынып, пайдаланууга берилген.

Сөз болуп жаткан цех баштапкы долбоорго киргизилгени менен келишим түзүлгөндөн кийин ага кошулбай калганы таң каларлык экени буга чейин парламентте да айтылган. 6-мартта ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров да химиялык цех эмне үчүн башынан эле курулбай калганын энергетика тармагындагы жетекчилерден сурады:

- Негизи химиялык цех керек беле? Силер Кытай жак "кереги жок, эски химиялык цех жарайт" деп айтканын билдирип жатасыңар. ЖЭБдин мурдагы жетекчиси "мурдатан эле "химиялык цех керек" деген маселени айтып келгенбиз" деп жатат. Муну кандай түшүнсө болот?

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын башчысы Айбек Калиев "эски жабдуу жарактуу, андыктан жаңы блокту куруунун кажети жок" деген билдирүү буга чейин болгонун бышыктады:

Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

- Бишкек ЖЭБи 2014-жылы "жетиштүү" деп кол коюп берген. 2016-жылы булардын ортосунда "жетишпейт, маселени караш керек" деген каттар жазылган. Мен муну былтыр июлда угуп, документти алган күнү эле кытайлыктарды чакыргам. Ошол күнү маселе чечилип, жаңы блокту курууну макулдашканбыз.

Ошентип, ЖЭБди модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясы Айбек Калиев айткан жаңы блокту курууга 2017-жылдын июлунда көнүп, быйыл январдан тартып курулушка керектүү жабдуулар ташылып келе баштаган. Ага 5,5 миллион доллар сарпталат, кытайлык компания болсо муну өз эсебинен чыгарууга макул болгон.

Комиссия жыйынында "2014-жылы "химиялык блок кереги жок" деп ким жыйынтык чыгарган?" деген собол жоопсуз калды. Анткени "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиев бул кызматка 2016-жылдын этегинде дайындалса, "Электр станциялары" ишканасынын башчысы Узак Кыдырбаев "2017-жылдын жай айында кызматка келгем, андыктан маселеге жооптуу эмесмин" деген түшүндүрмө менен чектелди.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу болсо ишкананы 2017-жылдын 23-январынан тартып жетектей баштаганын, кырсыктын чоо-жайын иликтеген мекеме аралык комиссия туура эмес бүтүм чыгарып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргогонун билдирип жатат. Анын айтымында, кырсыкка ЖЭБдин азыркы башчысы, окуя маалында өзүнүн техникалык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген Андрей Воропаевдин да түздөн-түз жоопкерчилиги бар. "Воропаев кырсык тууралуу өз убагында кабардар болгону менен жетиштүү чара көргөн эмес, ага карабай кайра директор болуп дайындалды" деген Нурлан Өмүркул уулу "ЖЭБде ич ара тирешкен эки топ бар" деген маалыматтарды ырастады.

Быйыл 26-январда башталып, бир жумага созулган кырсыктын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири катары Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынып, ордуна 2013-2017-жылдар аралыгында ЖЭБди башкарган Андрей Воропаев келген. "Электр станциялары" ачык акционердик коому аны "иш билги адис" деп мүнөздөгөн.

Өкмөт түзгөн мекеме аралык комиссия өткөн айда корутунду чыгарып, "Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка кышкы сезонго даярдыктын начардыгы жана айрым кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болду" деген тыянак жарыялаган. Бирок анда "жаңыдан курула турган блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти куруунун кереги жок" деп тыянак чыгарган эксперттердин жана ага кол койгон жетекчилердин жоопкерчилиги каралган эмес. Ага чейин тиешелүү ишканалардын жетекчилери жана премьер-министр Сапар Исаков да кырсыкка насостук станциянын иштен чыгышын себеп катары көрсөткөн.

Нурлан Өмүркул уулунун билдирүүсүнө "Электр станциялар" ишканасы, анын ишин көзөмөлгө алган "Улуттук энергохолдинг", Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев комментарий бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өкмөт иш билги кадрлардан мукурады

Министрлер Жогорку Кеңеште. 19-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстанда жогорку жетекчилик кызматта иштеген кадрлар кайрадан сынга кабылды. Жогорку Кеңештин Эл аралык комитети компетентсиз деп эсептеген эки министрди кызматтан алууну өкмөт башчыга сунуш кылды. Буга эл аралык келишимдин үзгүлтүккө учурашы себеп болуп, ага юстиция министри менен Миграция кызматынын төрагасы күнөөлүү деп табылды. Өкмөт эмне үчүн байма-бай сынга кабылып, иштерман, жетик, тың министрлерден мукурап жатат?

Өкмөт мүчөлөрүнө кезектеги сын пикир Орусия менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча келишимди ратификациялоо маселеси парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде талкууланып жаткан учурда айтылды.

Буга чейин парламент Орусиянын аймагында Кыргызстандын тогуз, ал эми Кыргызстандын аймагында Орусиянын эки өкүлчүлүгүн ачуу боюнча келишимди ратификациялап, президенттин кол коюусуна жиберген.

Президент өкмөттүн өтүнүчүн эске алып, келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга вето койгон. Өкмөт болсо өз суранычын келишимдин толук иштелип бүтпөй калганы менен түшүндүргөн.

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Кыргыз өкмөтүндө орун которуштуруулар болуп жатат. Президент бир апта мурун мактаган өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев реалдуу сектор боюнча вице-премьерлик кызматка сунушталды.

Мындай ыңгайсыз жагдайды Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети өкмөттөгү тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнүн компетентсиздигинин кесепети катары баалап, юстиция министри Уран Ахметов менен Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кызматтан алууну премьер-министрге сунуш кылды.

Эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, аталган жетекчилердин жоопкерсиздигинен жана компетентсиздигинен улам өлкөнүн кадыр-баркына шек келди. Эми буга жооптуу адамдарга чара көрүлүшү керек:

- Жоопкерчилик кайда? Мамлекет силер үчүн оюнчукпу? Биринчиден, Кыргызстандын беделине доо кетти. Орусия менен кол койгон, парламент үч окууда кабыл алган, өкмөт башчы суранган келишим мыйзамсыз экен. Экинчиден, Орусия менен мамилебиз кандай болот? Президентти жаманатты кылып жатасыңар... Президент Орусия менен болгон келишимге вето коюп жатат. Бул эл аралык саясатта абдан чоң кемчилик. Ошондуктан Эл аралык комитет эки министрди кызматтан кетирүүнү сунуш кылды, өкмөт бул отставканы карашы керек.

Өкмөт башчы парламент комитетинин сунушу боюнча эч кандай комментарий бере элек. Өкмөттөгүлөр бул маселе карала элек экенин маалымдашты. Сынга кабылган министрлер Уран Ахметов да, Медетбек Айдаралиев да азырынча үн катпай турушат.

Ката үстүнөн ката кайталанып...

Кыргыз өкмөтү өз катасын мыйзам кабыл алынгандан кийин байкаган учур биринчи жолу болгон жок.

Жаңы жыл алдында Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин күчүнө киришине байланыштуу да чырлуу жагдай келип чыккан.

Бул документ экономикалык уюмга башка өлкөлөрдүн баарында кодекс 1-январда күчүнө кирери каралса, Кыргызстанда тиешелүү адистердин алешемдигинен улам "Жогорку Кеңеш 15-январдан тартып иштей баштайт" деп кабыл алган. Мындай жаңылыштык жаңы жыл алдында байкалып, парламент кезексиз жыйынга чогулуу менен документти чукул оңдоого жетишкен.

Анда өкмөт аппаратынын кызматкерлери күнөөлүү деп табылган. Жаза иретинде өкмөт аппаратынын Евразия экономикалык биримдиги боюнча бөлүмүнүн башчысы Санжар Үмөталиев баштаган бөлүмдүн бир нече кызматкери жумуштан айдалган.

Депутаттар ката үстүнөн ката кайталанып жатканын өкмөттөгү жетекчи кызматтагы кадрлардын чабалдыгы менен байланыштырып жатышат.

Негизи эле акыркы учурдагы кадр саясатына ичи чыкпай, сын айткандар арбын. Байкоочулар өкмөт жетик, тың жана кесипкөй министрлерден өксүп жатканын айтышат.

Премьер-министр Сапар Исаков өзү түзгөн өкмөт мүчөлөрүнө капа болуп, инвестиция боюнча программаны аксаткан бир катар жетекчилерге жакында эле сөгүш берген.

Кадрлардын көбү, өзгөчө жаңы министрлердин тажрыйбасы жок, билими тайкы. Аппараттар менен эч ким иштебейт. .
Амангелди Муралиев

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев өлкө кадрдык кризиске кептелди деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай кырдаал жетекчилердин кесипкөйлүгүнө эмес, бийликке же кайсы бир партияга жакындыгына карап тандалганынан улам чыгып жатат:

- Акыркы кырдаал кадрлардын сапатын көрсөтүп жатат. Башкача айтканда, компетенттүүлүк төмөндөп кеткен, кадрдык кризисти көрсөтүүдө. Буга "партиялык принцип менен кадрларды тандайбыз" деген чийки критерий себеп болуп жатат деп ойлойм. Кадрлардын көбү, өзгөчө жаңы министрлер тажрыйбасыз, билими тайкы болуп жатканы ушундан болсо керек. Аппараттар менен эч ким иштебейт. Ал эми Кадр кызматы жөн эле орган болуп калды. Кадрлар резерви түзүлгөн жок.

Муралиев айткандай, Кыргызстанда мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров өлкөдө кадрларды даярдоо жана дайындоо, резервдерди түзүү жаатындагы кемчиликтер бар экенин мойнуна алды.

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

- "Улуттук кадрлар резервин түзөлү" дегенибиз - башкы административдик жана саясий кызматтарга кадрларды даярдоо. Жакшы кадрдык системаны түзөбүз деген максатыбыз бар. Эң негизги маселе - мамлекеттик кызматка көчөдөн эле бирөө келип калбашы керек. Тажрыйбасы мол, иш билги адамдарды алып келүү зарыл. Чынын айтканда, мамлекеттик кызматка капысынан келип калган адамдар жок эмес. Жаңы система аркылуу ушул кемчиликтерди чечүүнү карап жатабыз.

Ошол эле кезде депутаттар өкмөттөгү кадрларды сындаганы менен дал ушундай кырдаалдын жаралышына парламентти күнөөлөгөндөр да жок эмес.

Жарандык активист Рита Карасартова акыркы абал үчүн депутаттар да жоопкерчиликти сезиши керек экенин айтууда:

- Жасалып жаткан иштерге парламенттин да жоопкерчилиги бар. Иштеп жаткан же иштей албай жаткан министрлерге түздөн-түз депутаттар жоопкерчилик тартышы керек. Алар расмий эмес түрдө коалициялык келишим менен "кайсы тармакты ким тейлейт" деп бөлүштүрүп алып, профессионалдык деңгээлине карабай туруп эле өз адамын алып келүүгө көнүп калышкан.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта куралган. Алты ай өтпөй жатып, анын курамында бир катар өзгөрүүлөр болду. Жаштардан куралган, технократтык деп сыпатталган өкмөттөгү жаш кадрлардын бир тобу кызматынан кетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ирак түрмөсүндөгү аялдар Кыргызстандан барганбы?

Иллюстрация

Иракта кыргызстандык үч аял террорчулукка шектүү катары камалып жатканы жөнүндө маалымат тарады. Алар өлүм жазасына тартылганы жатканы, үчөөнүн тең балдары бар экени да кабарланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана атайын кызматы бул боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирүүдө.

Камактагы келиндердин эмчектеги балдары бар

Ирактын Багдад шаарында үч кыргызстандык келин камалып жатканы жөнүндө кабарды Орусиянын “РИА Новости” маалымат агенттиги Чеченстандын бийлик өкүлүнө таянып жазып чыкты.

Орусиянын Федерация Кеңешинин мүчөсү, чечен президентинин Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы өкүлү Зияд Сабсаби Багдаддагы түрмөлөрдөн орус жарандарын издеп жатып, кыргызстандык аялдарды көргөнүн белгилеген:

Зияд Сабсаби.
Зияд Сабсаби.

"6-март күнү Багдадда Кыргызстандын үч жаранынын соту болмок. Үчөө тең аял киши - Асел Асилжан кызы бир баласы менен, Зухра Кадирова төрт баласы менен (бирөө эмчектеги ымыркай) жана Фатима Маруфжанова беш баласы менен экен. Багдаддагы аялдар түрмөсүндө кармалып жаткан жарандар "террорчулук кылган" жана "Ирактын чек арасын мыйзамсыз бузган" деп айыпталып жатышат", - деген Сабсаби.

Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан орусиялыктарды мекенине кайтаруу боюнча жумушчу топтун башчысы Зияд Сабсаби Багдад түрмөлөрүндө 100дөн ашуун орусиялык кыз-келин балдары менен кармалып турганын да айткан. Сабсаби бул аялдар “Ислам мамлекети” террордук тобуна кирген күйөөлөрүнө азгырылып барганын белгилеген.

Зияд Сабсаби орусиялык аялдарга да “террорчулукка аралашкан жана чек ара тилкелеринен мыйзамсыз өткөн” деген кине коюлуп жатканын айтып, муну менен айыпталгандар Ирактын мыйзамы боюнча өлүм жазасына тартыларын билдирген.

Камалгандар кыргызстандык экени тактала элек

“РИА Новости” маалымат агенттигине чыккан бул кабар тууралуу басылманын Кыргызстандагы кабарчысы Юлия Орлова 6-март күнү президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен жолугушуусунда да өлкө жетекчисине суроо узаткан. Анда президент Ирактагы камакта жаткан аялдардын тагдырынан кабарсыз экенин айтып, бул маалымат такталарын белгилеген.

7-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, факты териштирилип жатканын кабарлады. ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева мындай деди:

Айымкан Кулукеева.
Айымкан Кулукеева.

- "Кыргызстандык үч аял Ирактын түрмөсүндө кармалып, соту жүрүп жатат" деген маалымат Ирак Республикасынын бийлиги тарабынан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине расмий келген эмес. Кармалганы айтылгандардын жакындарынан да жардам сурап кайрылгандар болгон эмес. Бирок Орусиянын маалымат каражаттарында жарыяланган кабарда сөз болгон фактыны тактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргызстандын Иракта элчилиги жок болгондуктан, тактоо иштерин биздин Кувейттеги элчилигибиз жүргүзөт. Кандайдыр маалымат чыкса, кошумча кабар берилет.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да ал жарандар боюнча маалыматтары бар-жогун ачык билдирбей, бирок аларды кайтаруу аракети жүрүп жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мындай маалымат берди:

- Бул маселе боюнча буга чейин да иш жүргүзүлүп жаткан. Учурда президент тарабынан тапшырма берилди. Буга байланыштуу ошол биздин жарандарды кайра мекенине кайтаруу боюнча иштер күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп жатат.

УКМК буга чейин Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашарын кабарлап келген. Атайын кызмат алардын арасында 140ка жакын аял 100гө жакын балдары менен кеткенин да ырастаган. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 жаран мерт болгону айтылган.

Кайтарып алуу канчалык колдон келет?

Жакынкы Чыгыштагы чатакка аралашкандар кайтып келип жатканын кабарлаганы менен канча киши келгенин укук коргоо органдары так айта элек. Келгендердин канчоо өздөрү келгени, канчасы экстрадицияланып келгени тууралуу да кабар жок.

Ошо балдарын ойлобой фанаттык идеяга сугарылып, "халифат курулуп калыптыр" деп кетип калышканы - акмакчылыктын жеткен чеги. Ушунун баары - радикализм менен экстремизмге күрөштүн чабал жүргүзүлүп жаткандыгынын жемиши.
Орозбек Молдалиев

Коопсуздук жана дин маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Багдаддагы кыргызстандыктарды кайтарып алуу жеңил болбойт.

- Муну эми Орусия өкүлүнүн болжолу катары карап турса болот. Анткени биздин коңшу өлкөлөрдө деле аты ошондой адамдар бар. Кыргызстандан кеткендердин көптүгүн эске алганда биздин жаран болуп чыгышы да мүмкүн. Бирок бул жерде маселе өтө татаал. Ирактын мыйзамы боюнча террорчулук боюнча айыпталгандар өмүр бою абакка кесилет же өлүм жазасына тартылат. Андан тышкары Кыргызстан менен Ирактын ортосунда экстрадиция боюнча келишим такыр жок да. Ошондуктан аларды алып келүү иш жүзүндө мүмкүн эмес. Экинчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып, Иракка кеткен аялдарды алып келип эмне кылабыз? Алардын балдарына гана убал, ошол гана жаман иш болуп жатат. Ошо балдарын ойлобой фанаттык идеяга сугарылып, "халифат курулуп калыптыр" деп кетип калышканы - акмакчылыктын жеткен чеги. Ушунун баары - радикализм менен экстремизмге күрөштүн чабал жүргүзүлүп жаткандыгынын жемиши.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова чет өлкөдө абакта кармалып жаткан жарандарды кайтарып келиш үчүн башка механизмдер да бар деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Аябай өкүнүчтүү. Аларды кайтарып алып келиш үчүн мамлекет тез арада аракет көрүшү керек. Биринчи кезекте Кызыл чырым уюмуна “биздин ошол жерде камалып жаткан жарандар жөнүндө билип бергиле” деп кайрылыш керек. Бул уюмдун согуш болуп жаткан өлкөлөрдө камалып жаткан адамдарды көрүп, эки тарапка тең кайрылууга укугу бар. Экинчиси - Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылыш керек. БУУнун адам укуктары боюнча иштеген комитетинин атайын баяндамачылары да ошол жердеги жарандарыбыздан кабар ала алат. Эл аралык уюмдарга мен да кайрылып жатам, бирок жеке адам эмес, мамлекет кайрылганы жемиштүүрөөк болот. Бийлик керек болсо бүгүн-эртең ошол уюмдарга кайрылуу жибериши керек. Аялдар өмүр бою камалса да биз жок дегенде аялдардын өлүм жазасына тартылбашына себеп болуп калышыбыз керек. Ошол эле учурда алардын балдарынын кийинки тагдырын ойлошубуз керек. Ал аялдар алданып кеттиби, өз эрки менен кеттиби - кандай шартта кетсе да алар биздин жарандар, биз аларга кам көрүшүбүз керек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чечен президентинин Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы өкүлү Зияд Сабсаби жарыялаган кыргыз жарандарынын аты-жөнүн Сирияга кеткендердин арасында бар-жок экенин ырастаган да, четке каккан да жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын онлайн тизмесинде "Иракта соттолуп жаткан кыргызстандыктар" деп айтылып жаткан үч ысымга окшош ысымдар, тагыраагы Асел Асилжан кызы деген үч жана Фатима Маруфжанова деген бир, Зухра Кадирова деген төрт жана Зухра Кодирова деген төрт адамдын аты-жөнү, дареги көрүнүп турат.

"Азаттыктын" архиви: Сирия, аял, азап... 2015-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG