Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:49

Кыргызстан

Армения "ыңкылаптан" кийинки жолун издөөдө

Он миңдеген адамдар митингге чыгып жатып 23-апрелде Серж Саргсянды өкмөт башынан кетирген.

Арменияда он жыл президент болуп, анан дароо премьерликке келген Серж Саргсянды кетиргенден кийин эми өкмөт башына ким келет деген суроо кабыргасынан коюлду.

“Никол Пашиняндыкы туура болуптур. Мен жаңылдым”. Бул сөздөр Серж Саргсяндын премьерликтен кетүү тууралуу арызында камтылган. Эми премьер-министр – өлкөдөгү биринчи киши ким болот? Жаңы парламенттик
шайлоо өткөрүлөбү? Министрлер кабинетине кимдер келет? Арменияда азыр тагдыр чечүүчү, тарыхый күндөр өтүп атат.

24-апрель - Армения үчүн өзгөчө күн. Он миңдеген адамдар күн сайын митингге чыгып жатып Серж Саргсянды өкмөт башынан кечээ кетире алганына кубанычта.

Ошондой эле 24-апрель армян элинин геноцидге кабылган күнү катары
эскерилип келет. Алар 1915-жылы ушул күнү Осмон империясы армяндарды тукум курут кылууга буйрук берген деп эсептеп жүрүшөт.

13-апрелден бери башкалаа Еревандын көчөлөрүн бууп, жүрүшкө чыккандар да бүгүн ошол окуяны эскерүүдө.

Армян элинин геноцидге кабылган күнүн эскерүү. Ереван, 24-апрель, 2018-жыл
Армян элинин геноцидге кабылган күнүн эскерүү. Ереван, 24-апрель, 2018-жыл

Ал тапта он жыл президент болуп, анан дароо премьерликке келген Серж Саргсянды кетиргенден кийин эми өкмөт башына ким келет деген суроо кабыргасынан коюлду.

Армян юстиция министри Давид Арутунян Конституциядагы жолду көрсөтүүдө. Анын айтымында, премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер аткара турат. Анан жети күн ичинде парламенттеги фракциялар өкмөт башчы болчу кишилерин сунушташат. Алардын ар бирине добуш берилип, парламент шайлашы керек. Эгер парламент премьер-министр ким болорун чече албаса, анда алты күн ичинде депутаттардын үчтөн бири жаңы талапкер сунуштай алат. Парламентте дагы шайлоо өтөт. Анда да тандай алышпаса мыйзам боюнча парламент тарашы керек.

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Карен Карапетян элчилер менен жолукту. 24-апрель, 2018-жыл
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Карен Карапетян элчилер менен жолукту. 24-апрель, 2018-жыл

Саргсян кызматтан кеткени менен Улуттук Жыйын – парламенттеги 105 мандаттын басымдуусун, тагыраагы 58ин анын партиясы ээлеп турат. Демек премьер кайра эле Республикалык партиянын өкүлү болуу ыктымалдыгы күч. Ал эми нааразылык акцияларынын башында турган Никол Пашинян жетектеген «Елк» фракциясында тогуз гана депутат бар.

Бирок Пашинян кайрадан өлкөнү республикачылар башкарышына макул эмес.

Ал революцияны аягына чыгарарын айтып, бул үчүн жакын арада кезексиз парламенттик шайлоо өтүшү керек дейт. Ага чейин өткөөл маалдын өкмөтү түзүлүп, Пашинян аны жетектөөгө ниеттенүүдө. Ушундай болгондо
Саргсяндын Республикалык партиясынын үстөмдүгү азайып, өз партиясынын позициясы бекемделерине ишенип тургандай.

- Республикалык партиянын жетекчилиги элдик, баркыт ыңкылабынын жеңишин кыйшаюусуз тааныйт деп үмүттөнөм. Бул фактыны канчалык эрте моюнга алышса, Армения жана Тоолуу Карабак үчүн ошончолук жакшы. Серж Саргсян премьер-министрликтен кетип биринчи талап аткарылды, - деди Никол Пашинян​.

Пашинян демонстранттар менен. 23-апрель, 2018-жыл
Пашинян демонстранттар менен. 23-апрель, 2018-жыл

Пашинян талаптарын айтып, бийликти алмаштыруу үчүн 25-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян менен жолугуп, сүйлөшмөй болууда. Элди тарабай, анын жыйынтыктарын угуу үчүн Республика аянтына келүүгө чакырды.

Оппозиция лидери Никол Пашинян өзү баркыт революциясы деп атаган бул жүрүштөргө башка чет өлкөлөр кийлигишпегенин кошумчалады.

Саясат талдоочу Аркадий Дубнов баарын кимдир бирөөлөр башкарат деген өңдүү конспирологиялык пикирлерге кошулбайт. Ал Армениядагы бийликти эл өзү жыкты дейт:

- Бул «түстүү революция» эмес. Бул жерде Соростун, Мамдепартаменттин, анан калса Москванын да «колу» жок. Москва процесстерге кийлигишип же кимдир бирөөлөргө колдоо көрсөткөн жок. Ошон үчүн бул - «баркыт революциясы». Нааразылык жүрүштөрүнүн лидери Никол Пашинян атаган ушул аталыш мага жагып атат. Бул - так маанисиндеги тынч, элдик революция.

Бул тапта Армениядагы саясий окуялар тууралуу эл аралык коомчулук да пикирин билдирүүдө. Орусия бийлиги Еревандагы окуяларды Армениянын ички иши деп баалады. Жагдай жаманына ооп кетпегенине канааттанып, туруктуулук сакталып, саясий консенсус табыларына ишенип турушканын орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

АКШ Мамлекеттик департаменти Серж Саргсяндын ордуна келчү адамды тандаган жараян демократиялык жол менен, ачык-айкын, армян мыйзамдары жана эл аралык норманын алкагында болоруна үмүт артууда. «Жаңы өкмөт менен тыгыз кызматташууга даярбыз» делет Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

БУУ баш катчысы Антониу Гуттереш Армениядагы бийликти жана оппозицияны мындан ары да сабырдуу болуп, адам укуктарын жана мыйзамды сактап, сүйлөшүүгө үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Талас: бычак шилтеген мушташ

Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта окуучулар катышкан жапырт мушташ боюнча иш козголду.

Таласта мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен мектепти мурда бүтүргөндөрдүн жапырт мушташына катышкандар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголду. Окуяга тиешеси бар эки бала убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мушташта эки окуучуга бычак шилтегени айтылган 20 жаштагы жигиттин өзүнүн да абалы оор. Учурда ал ооруканада жатканы, кечээ ага операция жасалганы маалым болду.

"Мушташ мектептин ичинде болду..."

Талас шаарындагы №5 мектептин 11-классынын окуучулары менен мектепти былтыр бүткөндөрдүн мушташы дүйшөмбү күнү түштөн кийин болгон.

Ага жалпысынан жыйырмадай бала катышканын «Азаттыкка» мектеп директору Алтын Үмөталиева билдирди:

- Түшкү саат бирден он беш мүнөт өткөндө сабак бүтөт. Биздин 11-класстын окуучулары бир жарымда сыртка чыгып баратышса, мектептин жанында былтыр бүткөн балдар күтүп туруптур. Аларды көргөн окуучулар мектепке качып киришкен. Тигилер артынан кууп келген. Анан коридордон жанагындай окуя болду.

Мушташ учурунда бүтүрүүчү класстын эки окуучусунун бири оң, бири сол бутуна бычак жеген. Ал эми "өспүрүмдөргө бычак шилтеген" деп шек саналып жаткан 20 жаштагы Бекзат аттуу бала ат тепкенин айтып, ооруканага кайрылган.

Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасынын жетекчиси Нурдин Усупбеков балдардын саламаттыгы боюнча буларды айтты:

- Эки бейтап амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө кеткен. Үчүнчү бейтап, 1998-жылы туулган жигит ичине сокку жеп, ичегиси үзүлүп кеткен. Ага кечки саат алтыдан жетиге чейин операция жасалды. Учурда реанимация бөлүмүндө дарыланып жатат, акыбалы оор, бирок туруктуу.

Дарыгер бейтап дагы он күндөй ооруканада болорун кошумчалады.

"Жаш балдардын оюн билүү кыйын"

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Окуяга тиешеси бар эки бала убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.

Маалым болгондой, бул берене менен айыбы аныкталгандар беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

- Бүгүнкү күндө бычак жеген эки жаш өспүрүм Бекзат аттуу бала сайганын айтып жатат. Бирок ал жигиттин ата-энеси ооруканага кайрылганда «ат тээп койду» деп жазышкан экен. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Жаш балдардын оюн бир жерге алып келиш өтө кыйын. Азыр кандай болгонун аныктап жатабыз.

Калайман мушташка күбө болгон 11-класстын окуучусу Чыңгыз Жумабеков чыр чоңсунуудан келип чыкканын айтып берди:

- Сабакты бүтүп чыгып баратканбыз. Анан мектепке 99-жылы туулган балдар кирип келди да Нурдин деген балабызды жаакка чаап калды. Ошол жерден ызы-чуу чыгып, биз ажырата баштадык. Бир маалда бычак менен сайып качып кетишти. Бекзат деген бала сайган, ал азыр ооруканага жатып алыптыр. Мушташка чейин эки күн мурда бизди токойго чакырышкан, барбай койгонбуз. Ошон үчүн мектепке келишиптир.

Жагдай боюнча жабыркагандардын ата-энелери менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми байкоочулар өспүрүмдөрдүн жапырт мушташканы Таласта илгертен эле көндүм адатка айланганын айтышат. Бирок алар балдардын бычак көтөргөнү сестентип жатканын белгилешти.

Талас шаарындагы №5 мектептин имаратына видеокөзөмөл коюлган эмес, балдардын коопсуздугуна көз салган күзөтчү да жок.

Мындан төрт ай мурда Таластын Манас районунда мектеп окуучуларынын мушташынан бир өспүрүм каза тапкан.

"Азаттыктын" архиви: Жаш өмүрдү соолуткан мушташ

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Коалиция башкы прокурорлукка Жамшитовду сүрөдү

Башкы прокуратуранын имараты.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды.

Бул кызматка анын талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков көрсөттү. Буга чейинки башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин сунушу менен иштен кеткен. Жаңы башкы прокурорду шайлоо бул тармактагы коррупцияга байланыштуу доомат күчөп турган маалга туш келди.

Жогорку Кеңеште 24-апрелде башкаруучу коалициянын жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка көрсөткөн сунуштамасын президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев окуп берди. Анда Жамшитов "жетекчилик сапаттарга ээ, бир катар сыйлыктардын ээси" экени айтылат:

- Өткүрбек Жамшитов юстициянын 1-класстагы кеңешчиси. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы жана прокуратура органдарында үзүрлүү, кынтыксыз өтөгөн кызматы үчүн бир канча жолу мекеменин жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Ээлеген кызматтарында өзүн квалификациялуу, сапаттуу жетекчи катары көрсөтө алды. Прокуратура органдарына зарыл болгон кесиптик жана моралдык сапаттары бар. Өткүрбек Жамшитов жетекчилик сапаттарга ээ жана аны өз ишинде натыйжалуу колдоно алат деп эсептейм.

Талкууда прокуратура органдарындагы коррупция тууралуу суроо көп берилди, сунуш-талап көп айтылды. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков аны ишти өз тармагындагы коррупцияга каршы күрөштөн баштоого чакырды:

- Элде "Башкы прокуратуранын башкармалыктарында паранын өлчөмү 100 миң доллардан 200 миң долларга чейин жетет" деген пикир жаралды. Арпачиев 100 миң, Чалбаев 200 миң доллар пара менен кармалдыбы? Ал Карганбек Самаковдун ишин бүтүрүш үчүн 510 миң доллар алган, анын 300 миңи кимдин эсебинде экенин эл айтып жатат. Кимге бериш үчүн алганын сиз жакшы билесиз. Сиз ишти ошол жактан баштаңыз, ошондо эл сиздин кадамыңызга ишенет. Тилекке каршы, прокуратура коррупциянын очогунда отурбайбы. Урматтуу кесиптештер, азыртан эле бата берип жатпайсыңарбы. Бул эртең эле келет, "эки-үч депутатты камайм, уруксат бергиле" деп. Анан ийгилигиңер чийкилик болуп отурасыңар. Жаңы келгенде жакшылап жарга такасаңар, кийин өзүңөргө эле жеңилирээк болот.

Депутаттар Өткүрбек Жамшитовго "прокуратура органдарына түшкөн арыз-даттануулардан майнап чыкпайт" деп айтышты, козголгон кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү сотко жетпей калган көрүнүштү эске салышты. "Прокурорлор өтө кымбат унаа минип жүргөнү коррупциядан ачык кабар берет" деп нааразы болгон депутаттар да болду.

Өткүрбек Жамшитов болсо аларга эми иш жаңыча жүрөт деп убада берди:

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- Буюрса сиздер колдоп берсеңиздер, 10-15 күн ичинде координациялык кеңешме өткөрөбүз. Президент койгон талаптардын аткарылышын, ошондой эле мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды иликтеп, алдын алуу боюнча тийиштүү органдар, эксперттик топ менен ишти жандандырабыз. Кылмыш иштерин аягына чыгарабыз. Президентибиз арыз-даттануулар боюнча сын айтып, терең басым кылды. Бул багытта ишти жаңыртып, башка темп менен карап чыгабыз.

Натыйжада коалициялык көпчүлүк башкы прокурордун кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов аны колдогон себебин "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

- Биз талапкердин басып өткөн жолун карадык. Ал 21 жыл ичинде прокурордун жардамчысынан бир облустун прокуроруна чейин жетиптир. Бул системада 21 жыл иштептир. Ушул жагы эске алынды. Экинчи жактан "ал тазараак" деген ойго көбүрөөк кошулдук. Бизде "тазараак, жашыраак" деген үмүт болуп жатат. Азыр партия-партия, топ-топ болуп бөлүнүп калбадыбы, ал эч бир топто жок экени бизди ынандырды.

Юстициянын полковниги, 43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Прокуратура органдарына 1997-жылы келген жана 2011-жылга чейин Талас, Ош жана Баткенде шаардык, райондук, облустук прокуратурада прокурордун жардамчысы, тергөөчү, прокурордун орун басары өңдүү кызматтарда иштеген. 2011-2015-жылдары Баткен облусунда Лейлек районунун прокурору болгон. 2015-жылдан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова парламент баш прокурор кызматына сунушталган адамга кыска убакыт ичинде эле макулдук бергенин сынга алды:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Парламент ушундай органдарга аябай нааразы болгондон кийин тез арада, жарым саатта, бир-эки суроону берип коюп эле бекиткени туура эмес. Ушунчалык нааразылык жараткан органдын башчысына талапкерлерди тимеле лупа менен карагандай кылып мурдагы тажрыйбаларын, чыгарган чечимдерин карап, караган кылмыш иштеринин баарына көз салып, анан чечим кабыл алса жакшы болот эле. Ал ким, кандай адам - баары каралышы керек эле. Анан "тазалайсыңбы, жакшы иштейсиңби" деген суроолорго "албетте тазалайм" деп жооп берет да. "Жаман иштейм" деп жооп бермек беле? Көнүмүш суроолорго көнүмүш эле жоопторду берип жатат. Эми "ал кантип иштейт экен" деп баарыбыз күтүп отурушубуз керек. Эгер иштей албаса анда дагы реформа жасай албай дагы бир канча жыл жоготобуз.

Баш прокурорлор саясий партиялардын таасири менен коюла баштады. Мына ушунун кесепетинен чоң-чоң суммадагы пара менен колго түшүп өздөрү уят болуп жатат.
Азимбек Бекназаров

Мурдагы башкы прокурор, саясатчы Азимбек Бекназаров прокуратура органдарындагы кадр маселесине токтолду:

- Соңку үч прокурор сырттан келген адамдар болду. Мен 2011-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаевага "көзөмөлдөөчү орган НПОго айланып бара жатат" деп айткам. Кадр маселелери туура эмес чечилип калды. Андан кийин башкы прокурорлор саясий партиялардын таасири менен коюла баштады. Алардын кесипкөйлүк сапатына карабай эле, кайсы бир партиянын, бийликтеги, президенттин айланасындагы адамдардын жакындары келе баштады. Мына ушунун кесепетинен чоң-чоң суммадагы пара менен колго түшүп өздөрү уят болуп жатат. Президент деле аларга "өзүңөрдүн дайыныңарды таппай калдыңар" деп баа берип жатпайбы.

Ушул жылдын башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратураны "коррупция менен натыйжалуу күрөшпөй калды, мыйзамсыз жана негизсиз текшерүү көп" деп сынга алган.

2016-жылы Башкы прокуратура тогуз миңге жакын текшерүү жүргүзгөнү менен анын сегиз пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Анын теңи эле сотко жеткен. Жалпы текшерүүлөрдүн 1,5 пайызында гана айыптоочу өкүм чыккан, сегиз факт боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Спортчулардын уюткусу тууралуу китеп

“От детдома до Олимпийских игр” ("Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин") китебинин автору Темирбек Маматканов.

Окурман журту үчүн басмадан чыккан ар бир жаңы китеп чоң сүйүнүч. Былтыр басмадан чыгып, жакында окурмандардын колуна тийген “От детдома до Олимпийских игр” деген китеп өзүнчө сөзгө арзыйт.

Спорт-интернаттын маанайын эске салган китеп

“От детдома до Олимпийских игр” ("Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин) деген китепти дасыккан журналист Темирбек Маматканов жазган.

Автор өзү бул көлөмдүү эмгегин "спорттук энциклопедия" деп атаган. Китепте республикадагы спортчуларды даярдачу белгилүү борбор - Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын эгемендик жылдарындагы жана мурдагы совет заманындагы басып өткөн жолу ар тараптуу чагылдырылат.

Темирбек Маматкановдун өспүрүм курагы да ушул окуу жайда өткөн. Тактап айтканда, 1970-1974-жылдары Н.К. Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатта окуп, жеңил атлетика менен машыккан. Спорттук жатак мектеп ал кездеги Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен мурдагы сегиз жылдык мектеп-интернаттын негизинде 1968-жылы ачылган. Ал жатак мектептин башаты 1930-жылы түзүлгөн жетим балдар үйүнө барып такалат.

Береги спорттук мектеп-интернат 1970-жылы СССР Министрлер советинин токтому менен Спорттук профилдеги республикалык мектеп-интернат болуп кайра түзүлөт. Бул токтомго ылайык, болочок спортчуларды даярдачу берегидей окуу жайлар СССРдин курамындагы бардык 15 республикада ачылган.

Ал эми Олимпиадалык резерв окуу жайынын макамы Спорттук профилдеги мектеп-интернатка 1989-жылы берилип, окуучулар 9-10-класстарга гана алынчу болгон.

“От детдома до Олимпийских игр” китебинин мукабасы.
“От детдома до Олимпийских игр” китебинин мукабасы.

Темирбек Маматканов, жалпылап айтканда, Олимпиадалык резерв окуу жайынын дээрлик 85 жылдык тарыхын камтыган китепти жазуу максатын: “Максат-интернаттын тарыхы жана анда окуган балдар тууралуу айтып берүү болду. Бизде канчалаган сонун улан-кыздар окуганын, кандай сонун мугалимдер жана машыктыруучулар иштегенин тарыхка калтырайын деген ой”, - деп түшүндүрдү.

Мария Кулчунованын “эрдиги” кайталанабы?

Калемгер-журналист окуу жайдын тарыхы, күнүмдүк жашоосу жана окуу жараяны тууралуу анда ар кайсы жылдары таалим-тарбия алган улан-кыздардын, атагы чыккан спортчулардын, аларды окуткан, спортко машыктырган жана тарбиялаган устат-мугалимдердин сөзү менен айтып берет. Жалпысынан 300гө жакын каармандын жергиликтүү жана эл аралык мелдештердеги ийгиликтери, турмуш жолу тууралуу да китептен кенен маалымат аласыз.

Бүгүн спортчулардын республикалык ордосуна айланган окуу жайдын алгачкы тарбиялануучуларынын арасында мурдагы СССРдин бир нече жолку чемпиону, 1988-жылкы Сеулдагы Олимпиаданын жеңүүчүсү, Европанын чемпиону Мария Кулчунова да бар.

Мария Кулчунова.
Мария Кулчунова.

СССР спортунун эмгек сиңирген чебери Мария Кулчунова көптөгөн дүйнөлүк жана эл аралык мелдештерде 400 метрге чуркоодо 20 жолу рекорд койгон. Советтик спортсмен аялдардан биринчи болуп 400 метрди 50 секунддан аз убакытта багындырган. Мындай чоң ийгиликке кийинкилерден эч ким жеткен эмес. Бирок да мурдагы СССРдин деңгээлинде, андан кийин жайкы Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды алган, Азия чемпионатында, дагы башка чоң сыноолордо жеңген тарбиялануучулар бир топ. Алардын катарында балбандар Кенжебек Өмүралиев, Алмазбек Аскаров, Асеин Төрөгелдиев, Табалды уулу Сулейменкул, Кадырбек Дюшембиев, Юрий Мельниченко, Раатбек Санатбаев, Уран Калилов жана башкаларды атасак болот.

Бул окуу жайдын 1972-1992-жылдардагы жана андан кийинки бүтүрүүчүлөрүнүн арасында түркүн тармактардагы белгилүү адистер, илимпоздор, артисттер, журналисттер, ишкерлер, министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары бар. Мунун өзү окуу жайдын жамааты бүтүрүүчүлөр спорт менен катар жакшы билим алышына да чоң маани бергенин күбөлөйт.

Агай-эжейлерге, устаттарга алкыш сөз

Темирбек Маматканов өзүнүн энциклопедиялык эмгегинде мугалимдер, тарбиячылар жана машыктыруучулар жөнүндө да кенен-кесир айтып бергени, окуу жайда бир-эки жыл иштеп кеткен мугалимдер менен машыктыруучуларды да унутпай жазганы өзгөчө урматка татыйт деп ойлойм.

Себеби алардын ар бири: “Кичинекей адамды тарбиялап жатып, биз аны дайыма чоң кишидей көрөбүз жана өзүбүздөн: “Аны Ата журтка тапшырып жатканда бизде уялуу сезими пайда болбойбу” деп сурайбыз. Ошого таалим-тарбия ишинде инсан урматталган, ар бир окуучунун күчүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ишенген атмосфера түзгөнбүз”, -деп, балдар үйүнүн биринчи жетекчиси Ольга Тихоновна Семечкинанын сөзүн башты бийик көтөрүп айта алышат.

Арийне, мындай чоң эмгекти жазуу машакаттуу иш экенин автордун сөзү да ырастайт: “Көп убактым спортчулардын артынан ээрчигенге кетти. Машыктыруучулардан маалымат алган алда канча жеңил болду. Спортчулар деги тартиби жок адамдар болот экен... Артынан кубалап жүрүп эптеп өмүр баянын алсам, сүрөттү анан берем дейт. Сүрөттүн артынан канча убара болдум, китептин материалын ушинтип жүрүп чогултканга эки жыл кетти. Балдар үйүнүн, спорттук мектеп-интернаттын архивдерин каздым. Китеп эки жыл “Учкун” басмаканасында жатып калды. Балдар да каражаттан жардам берип жатты. Бирок акча толук жетпей жатты. Анан менчик басмакана таап, жарым акчасын алдын-ала төлөп, китепти бастырдым. Ал учурда китепти улам түзөтүп өзгөртүп жаттым. Себеби кырдаал өзгөрүп турду".

Ш. Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы.
Ш. Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы.

Т. Маматканов өкүнүч менен белгилегендей, 2014-жылы Олимпиадалык резерв окуу жайында бүгүн гимнастика бөлүмү жабылып калганы суроо жаратат. Себеби совет заманында СССРдин курама командасына кирген, эгемендик жылдары эл аралык ири турнирлерде байгелүү орундарды жеңген гимнасттар бар эмес беле?

Авторго сунуш...

“От детдома до Олимпийских игр” ("Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин) энциклопедиясы 500 гана нускада чыккан. Окуу жайды соңку жарым кылымга жетпеген убакта эле миңдеген улан-кыздар бүткөнүн айтсак, бул албетте аз. Ошого китеп кийин дагы чыгат деген үмүттө айрым сунуштарды айтып, кээ бир маалыматтарды тактап кеткенди оң таптым.

1) Китепте спортчуларды таптап, асырачу республикалык окуу жайга эмне үчүн Шералы Сыдыковдун аты берилгенине автор бир сереп салып койсо жакшы болмок экен. Себеби, “Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин” китебинде көрсөтүлгөндөй, Ш. Сыдыков анын ысымын алып жүргөн окуу жайда окуп же иштеген эмес экен. Болгону эки жылдай Туризм жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти жетектептир. Ал комитетти жетектеп турган бир жыл ичинде кыргызстандык спортчулар Азия жана дүйнө чемпионатында 11 алтын, 30 күмүш жана коло медаль жеңип, 20 спортсмен Олимпиада оюндарына жолдомо алган экен. Бирок бул спорткомитеттин жалгыз жетекчисинин эмес, жалпы машыктыруучулардын узак жылдык эмгегинин үзүрү. Ошондуктан Шералы Сыдыковдун ысымы Олимпиадалык резерв окуу жайына терең ойлонулбай коюлуп калгандай көрүнөт.

2) Спорттук интернатты 1973-74-окуу жылынан баштап 24 жыл бою Тайлак Камбаралиев жетектеген. Ушул жетекчинин тушунда спорттук мектеп Олимпиадалык резерв окуу жайына айлантылып, спорткомплекс курулган. Окуу жайдын азыркы базасы жана педагогикалык жамааты калыптанган. Ушундай кишинин ысымы окуу жайга берилсе, анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында эч кандай суроо жаралмак эмес.

Тайлак Камбаралиевдин айтымында, Олимпиадалык резерв окуу жайынынын базасын түптөөдө Кыргыз ССРнин Министрлер советинин төрагасы Ахматбек Сүйүмбаев менен Кыргызстан Компартиясынын БКсынын катчысы Кеңеш Кулматов олуттуу көмөк көрсөткөн экен.

3) Тактап кетчү жагдай - спорттук багыттагы жатак мектептин бүтүрүүчүлөрүнө биринчи аттестатты, китепте жазылгандай Тайлак Камбаралиев эмес, анын биринчи директору Абсалбек Ниязов тапшырган. Ошондо биринчи бүтүрүүчүлөр арасында мен да бар болчумун. А. Ниязов абдан интеллигенттүү жана окуучуларга кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл бурган педагог-жетекчи эле.

4) Автордун каармандардын өмүр баянын кеңири бергени дайым эле өзүн актабайт деп ойлойм. Арийне, мындай ыкма ар бир кишинин тагдыры, басып өткөн жолу кайталангыс экенин, спортко кандайча келип калганын түшүнгөнгө жакшы. Бирок энциклопедияга болгон талапка жооп бербейт.

5) Деген менен, Акылбек Чекиров (жеңил атлетика), Сүйөрбек Осмонов (футбол) жана башка бир топ таланттуу улан-кыздардын спорттук жатак мектепти бүткөндөн кийин өз таланттарын таптабай же машыктырган устаттарынын сөзүн “эш тутпай”, жараткан берген өзгөчө талантын толук ачпай калганы жаш муун үчүн жакшы сабак болот деп ойлойм.

Китептин каармандарынын пикирлери

“Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин” деген китеп тууралуу ошол спорттук багыттагы жатак мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Адамалы Осмоналиевдин пикири: "​Ал (биз менен спорттук мектеп интернатта окуган) ар бир баланын өмүр баянын жазбаптыр да... Кээ бир эле көзгө көрүнүп, эмгек кылып жүргөн классташтардын өмүр баяны бар. Жакшы китеп! Балдар үйү кезинен берки санжырасын, анын ичинде кантип спорттук мектеп-интернат, анан Олимпиадалык окуу жай болгонун, спортко салым кошкон бүтүрүүчүлөр, бизди окуткан агайлар, мугалимдер жана машыктыруучулар жөнүндө жазыптыр. Бул китеп жөнүндө пикирим жакшы".

Адамалы Осмоналиев - Cпорттук багыттагы республикалык мектеп-интернаттын кыргыз классынын биринчи бүтүрүүчүсү. Ал грек-рим күрөшү менен машыккан. 1972-жылкы 9-класста окуп жүргөндө өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону наамын жеңип алган. Эр таймаштын кулатуу түрүн негиздөөчүлөрдүн бири. Спортту жана эр таймашты өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн Адамалы Осмоналиевге 2013-жылы “Физкультура жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын мыктысы" наамы ыйгарылган. Адамалы мырза бир нече көркөм фильмде түрдүү ролдорду ойногон.

Бул окуу жайда 1973-жылдын сентябрынан бери эмгектенген орус тил мугалими Светлана Есеналиева эжейдин пикири: "​Бул китеп абдан пайдалуу. Анткени ушул окуу жайда канча жылдан бери канча балдар тарбияланганы; Кыргызстандын бүт жети дубанынан келген балдар, элеттен келген балдар кантип (эл аралык мелдештерде) кыргыз элинин туусун көтөргөнгө чейин жеткени кенен жазылыптыр. Бул убагында чоң окуу жай болчу да. 680 бала окучу. Азыр 320 бала окуйт. Анын бүтүрүүчүлөрү кыргыз эли ишенген, кыргыз эли сыймыктанган балдар болду. Жалгыз эле Темир Сариев эмес, башка да бир топ балдардын аты аталып, ким эмнеге жеткени айтылган. Азыр мына кыргыз класстар көбүрөөк болуп, орус класстар азыраак. Бул китеп окуу жайдын мааниси, келечеги үчүн жакшы саамалык".

Ырас, Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын "өмүр жолуна" арналган китептин чыгышы жакшы жана чоң саамалык. Мындай китептер ар бир окуу жана мектептер тууралуу жазылса болмок!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шаматов: Англисче үйрөнгөндө жаңылгандан коркпо

Шаматов: Англисче үйрөнгөндө жаңылгандан коркпо
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:59 0:00

Жол оңдоо: эл тыгындан тажады

Жол оңдоо: эл тыгындан тажады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:10 0:00

Башкы прокурорлукка талапкер сындан өттү

Өткүрбек Жамшитов.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды.

Депутаттар Жамшитовдун пландарын өзү менен суроо-жооп иретинде талкуулашты. Коалицияда КСДП, "Бир Бол", "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары бар. Жамшитовду башкы прокурорлукка жактыруу маселеси 25-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Коалиция жыйынында депутат Рыскелди Момбеков башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитовду эртелей мактай бербеш керек экенин айтты:

- Азыртан мактап жатасыңар. Эртең депутаттарга каршы кылмыш иштерин ачышы да мүмкүн. Башынан эле мактай бербей, талаптарды коюшуңар керек, - деди КСДП фракциясынын депутаты Момбеков.

КСДП фракциясынан Дастан Бекешев талапкерден айлыгы тууралуу сурады. Өткүрбек Жамшитов Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган кезде 30 миң сом маяна менен иштегенин айтты.

Эл өкүлү прокуратура кызматкерлери айдап жүргөн кымбат баалуу автоунааларды мисал келтирип, алар айына 30 миллион сом маяна алып жаткандай элес калтырарын айтты. Бекешев муну коррупцияга байланыштырып, башкы прокурлукка көрсөтүлгөн Жамшитовду ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Жамшитовду бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылган. Алгач анын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жактырган.

43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда туулган. 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Парламент мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматтан кетирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өкмөттүн "эски-жаңы" кадрлары

Мухаммедкалый Абылгазиев

Жаңы куралган кыргыз өкмөтү коомдук-саясий чөйрөдө кайра кайтып келген эле эски өкмөт катары бааланды. Мындай баага өкмөткө мурда иштеген кадрлардын кайра дайындалышы негиз болууда. Бул өкмөттүн дарегине "реформа кылууга жөндөмсүз" деген сындар да айтыла баштады. Жаңы ишке кирген министрлер кабинетинин тарапкерлери болсо "өкмөткө саясаттан алыс, прагматик жетекчилер тандалды" деп жатышат.

Жаңы өкмөттүн өзгөчөлүгү - мурда иштеп кеткен жетекчилердин кайрадан кызматка дайындалышы болду. Министрлер кабинетин Жогорку Кеңеш талдап жаткан учурда муну депутат Рыскелди Момбеков алгачкылардан болуп айтып, кемчилик катары белгилеген. Ал жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө министрлик кызматта мурда иштеп, бирок өзүн көрсөтө албаган министрлер кайра дайындалып келгени купулуна толбой жатканын айткан.

Чынында эле өкмөттүн курамына жаңы жүздөрдөн болгону эки вице-премьер, төрт министр кирди. Алардын катарында вице-премьерликке "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова, Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров дайындалды.

Министрлерден болсо Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри, Нурболот Мирзахметов өзгөчө кырдаалдар министри болду. Ошондой эле УКМКнын төрагалыгына Идрис Кадыркулов менен Коргоо иштери боюнча комитеттин башчылыгына Эрлис Тердикбаев келди.

Жаңы келген премьер-министр жана вицелер.
Жаңы келген премьер-министр жана вицелер.

"Келген кадрлар өз кызматын камчы салдырбай аткарып кете алабы?" деген суроолор азыр орчундуу болуп турат. Маселен, вице-мэрликтен вице-премьерликке жылган Замир Аскаровдун талапкерлиги кандай негизде көрсөтүлгөнүн түшүнбөгөндөр бар. Аскаров Ноокат районунун акимдигинен ишиндеги кемчиликтери үчүн кеткенин эстегендер да чыкты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аскаров аймактын маселелерин жакшы билгени үчүн ушул кызматка көрсөтүлгөнүн парламентте билдирген.

Калган министрлик орундарга мурда иштеп кеткендер эле келип, иштеп жаткандары ордунда калды. Аларды премьер-министр "буга чейин өз жөндөмүн жана деңгээлин көрсөткөн аткаминерлер" деп баалап жатат. Маселен, вице-премьер Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, экономика министри Олег Панкратов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев буга чейин дал ушул кызматтарды ээлеген.

Бирок сөз болуп жаткан жетекчилердин буга чейинки иши боюнча бир катар суроолор бар экенин парламентте депутаттар да кеп кылышты. Маселен, ИИМдин башына келген Кашкар Жунушалиевди мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албаганы үчүн кызматтан алган. Эми Жунушалиевдин алдында кайрадан эле ушул долбоорду ишке ашыруу милдети турат.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевге буга чейин бул кызматта турган учурунда мыйзам бузганы үчүн кылмыш иши козголгону да парламентте кеп болду.

Мурдагы вице-премьер, экономика министри Олег Панкратовго кайрадан эле экономика тармагын тескөө жоопкерчилиги жүктөлгөнү көптөгөн суроолорду жаратты. Панкратов Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп жатканда өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген келишимди түзүүгө көз жумганын депутаттар айтып чыгышты.

Жаңы өкмөт парламент сынынан өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:49 0:00

Прагматик өкмөт келдиби?

Бирок буга карабай Жогорку Кеңештин бир добуштан колдоп берген депутаттары "өкмөт курамына иштин көзүн билген жетекчилер келди" деп ишендирүүдө. Маселен, оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов популизмден алыс прагматик өкмөт келди деген ойдо:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Мурдагы эле кадрлар келди. Бирок алардын арасынан татыктуулары тандалды. Мисалы, Боронов жакшы иштеген, Кудайбердиева, Панкратов сыяктуу министрлер деле жаман иштеген эмес. Ошондуктан бул жерде 100 пайыз болбосо да 50-60 пайыз команда жакшы десек болот. Калган 40 пайызын "алты ай ичинде карап, чечим чыгарам" деп премьер-министр убакыт сурады. Бул өкмөт прагматикалык саясат жүргүзгөн, куру убададан алыс өкмөт болот деп күтөбүз.

Жаңы өкмөт өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады. Эксперттер "бул программада деле өзгөчө дымактуу пландар айтылган жок, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин программасында өзгөчө максат, пландар жок" деп чыгышты. Абылгазиев өзү болсо программасы өтө чукул жазылганын парламентте моюнга алып, мурдагы иштер улантыларын билдирген.

- Убакыт жана каржы талап кылынса да, өкмөт башкаруу системасында компетенттүүлүк жана кесипкөйлүк принцибине басым жасашы керек. Ошондой эле мурунку программалардын, анын ичинде "Таза коом" долбоорунун алкагындагы башкаруу процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү программаларын улантышыбыз керек.

Өкмөттүн курамына жана программасына байланыштуу эмитен эле ага ишенбегендер бар. Маселен, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев мурда өз ишин жакшы көрсөтө албаган кадрлардан батыл реформаларды күтүү мүмкүн эместигин билдирүүдө.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

- Бул өкмөттүн курамында ар кайсы партиялардын талапкерлери, кадрлары бар экен. Албетте, тажрыйбалары бар кишилер, мурдагы жаш өкмөткө караганда түзүгүрөөк, бирок күчтүү команда чогулду деп айта албайм. Абылгазиевди деле премьер-министрлик кызматка толук ылайыктуу деп эсептебейт элем. Ошондуктан мен бул өкмөттү жөн гана компромисттик вариант деп айта алам. Булар эми кызматтан кеткен өкмөттөн айырмаланып элге жакыныраак иш алып барышса болгону.

Ал эми оппозициячыл саясаты Равшан Жээнбеков бул өкмөт деле мурдагы жылдардай азыркы президент жана президенттик администрациянын айтканынан чыкпай иш алып барат деп божомолдойт. Саясатчынын пикиринде, мындай кырдаал бийлик ортосундагы туруктуулукту камсыз кылганы менен тең салмактуулукту жоготот:

- Бул өкмөттүн курамына жаңы көз карашты кабыл албаган, ага көнбөгөн адамдар кирди. Мындай болгон соң баарыбыз басым кылып айтып жаткан экономикалык реформаны, административдик реформаны күтпөй эле койсок болот. Бул өкмөт мурунку күүсү менен иштей турган өкмөт болот. Президент менен бардык кадамын, сүйлөгөн сөзүн да кеңешип, өз алдынча иш кыла албайт.

Сапар Исаков жетектеген өкмөттү 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирген. Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков менен премьердин ортосундагы тирештен улам кабыл алынганы айтылган.

Кыргызстан 2016-жылы өзгөрткөн Баш мыйзамга ылайык өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген.

Эмки өкмөттө эмне өзгөрүү болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Театр актерлорун капа кылган маяна

Иллюстрациялык сүрөт. (Сүрөттө кыргыз актеру Данияр Жанжигитов).

Соцтармакта театр кызматкерлеринин айлыгынын аздыгы тууралуу тамашалуу видеосу тарады. Кыска роликте театр актерлору өздөрүнүн айлык акысын жемкорлук боюнча чуулгандуу окуяларга салыштырып шакаба кылышкан. Маданият министрлиги артисттердин айлык акысынын аздыгы көптөн бери чечилбей жаткан көйгөй экенин, бул маселе мурда да, азыр да өкмөттүк деңгээлде коюлуп келатканын билдирди.

Театр актерлорунун соцтармактарга тарап жаткан видео ролигинде төмөнкүдөй сөздөр айтылат:

- Салам, достор! Кечээ жакында эле прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара алып кармалды. Аны сомго которгондо 13 миллион 600 миң сом болот экен. Бул акчаны статисттер кыргызстандыктардын маяна акысына бөлүп эсептеп чыгышты. Дарыгерлер орто эсеп менен он төрт миң сом айлык алышат экен. 13 миллион 600 миң сомду табыш үчүн алар 84 жыл иштөөгө тийиш. Мугалимдер орто эсеп менен 8-9 миң сом алат. Алар жогорудагы каражатты табыш үчүн 114 жыл иштегенге туура келет. Ал эми биз, маданият кызматкерлери, орто эсеп менен 6-7 миң сом айлык акы алабыз. Жогорудагы сумманы табыш үчүн биз 210 жыл иштешибиз керек! Иштегиле, маданият кызматкерлери, биз көп жашайлы, иштегиле...

​Тасмада кесиптештери менен бирге маданият кызматкерлерин иштөөгө чакырып жаткан актер Эркин Эгембердиев он эки жылдан бери Улуттук академиялык драма театрында эмгектенет. Бул жолу ал кесиптештери менен бирге өздөрүнүн көйгөйүн тамаша иретинде айткысы келген:

Биздики эң төмөнкү айлыкка да кирбей калып атпайбы? Демек биз статистикада деле жок экенбиз да?

- Биз Улуттук статкомитетке чалып, Кыргызстандагы эң аз айлык канча экенин сурадык. Алар бизге тогуз миң сом экенин айтышты. Биздики болсо ошол эң төмөнкү айлыкка да кирбей калып жатпайбы? Демек биз статистикада деле жок экенбиз да? Көрсө өнүгүп жаткан Кыргызстанда азыр 6-7 миң сом айлык деген болбош керек экен. Атамбаевдин убагында президент биздин канча айлык аларыбызды угуп, таң калганы баарыңыздарга маалым болсо керек. Бизде беш миң сом айлык алып иштегендер бар. Мисалы, жаңы кирген артисттер 4500-3500 миң сом айлыкка иштейт. Эл артисттери тогуз миң сом алат.

Актер театр ишмерлеринин маянасынын аздыгы тууралуу арыз-муңу эгемендик алган жылдардан бери муундан-муунга мурас болуп келатканын айтты.

"Саманчынын жолу" спектаклинен бир көрүнүш.
"Саманчынын жолу" спектаклинен бир көрүнүш.

Деген менен азыр актерлордун арасында бир театрга байланбай, каражат табуунун башка жолдорун өздөштүрүп алгандар да бар. Алардын бири - Имаш Ажыгул. Аны менен чогуу 2016-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин он төрт бүтүрүүчү аяктап, актерлук кесипке ээ болуп чыккан. Азыр алардан алтоо гана актердук кесипти аркалап калышты. Имаш деле адегенде арзыбаган айлыкка жарыбай, беш жылын бекер кетиргенине өкүнүп жүрчү. Кийинчерээк өнөрү аркылуу акча табуунун жолуна түштү:

- Театрга киргенде алардын маянасы аябай аз экенин көрдүм. Төрт миң. Башында бир жыл ушул акчага жашап жүрдүк. Анан арга жок башка долбоорлорго аралаша баштадык. Азыркы тапта мен Орус драма, "Тунгуч" театрлары менен келишимдин негизинде иштешем. Шаардык театрда расмий иштейм. Мындай сырткары дубляждарга барып калам. Тасмаларга чакырып калышат. Чынында кино жаатында акча жакшы. Азыр бул кесип финансылык жактан канааттандырат десем болот. Бирок кээ бир учурларда бир жума таптакыр эле отуруп калабыз.

Анткен менен жаш актер Имаш Ажыгулдай бир нече жерде иштеп жашагандар же ага жол тапкандар анча көп эмес.

Маданият тармагынын, анын ичинде театр кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу эми жаңы келген өкмөткө Маданият жана маалымат министрлиги кайрадан сунуш кыла турган башкы маселелердин бири болчудай. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди:

Жийде Зоотбекова.
Жийде Зоотбекова.

- Азыр министр өкмөт башчыга жолугуп, кайра баары башынан башталып жатпайбы. Өкмөт алмашкандан кийин театрдагы көйгөлөрдү кайра түшүндүрүп дегендей. Анын ичинде айлыкты көтөрүш керек, театрларда оңдоп-түзөө иштерин жасаш керек деген маселелер бар. Учурда ушул маселелер боюнча каражат бөлүү жагынан кайрылып жатат. Угушубуз боюнча бул премьер-министр да биз койгон маселени "колдойм" дегенсип жатат.

Учурда Кыргызстанда 16 миңден ашык маданият кызматкери бар. Бул курамга айылдагы клубдардан тартып китепкана, театр, маданият тармагына тиешелүү билим берүү мекемелериндеги кызматкерлерге чейин кирет. Маданият кызматкерлеринин өз маалыматтарына караганда алардын орточо айлык акысы 4-5 миң сомдун тегерегинде.

"Азаттыктын" архиви: Театр актерлорунун өп-чап турмушу

Театр актерлорунун өп-чап турмушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Китепти сүйгөн жаштардын клубу

Китепти сүйгөн жаштардын клубу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Колу эмдүү, өзү демдүү Чыңгыз

Колу эмдүү, өзү демдүү Чыңгыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:01 0:00

Прокурордун "жеми", "Ага Хандын" жери

Иллюстрациялык сүрөт.

"Ири өлчөмдө пара алган" деп айыпталган Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери Улан Чалбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-апрелде Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган жана айыпталуучу колго түшүрүү учурунда кан басымы көтөрүлүп кетип ооруканага жатып калганы белгилүү болгон. Кийин атайын кызматтын тергөө абагына камалган Чалбаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар айтыла баштады.

УКМК.
УКМК.

УКМК Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси, тактап айтканда, "пара алуу" боюнча айып такты. Биринчи май райондук соту тергөө аяктаганга чейин аны атайын кызматтын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарды.

Улан Чалбаев камалганда ал башында 500 миң доллар талап кылганы тууралуу маалымат жарыяланган, бирок атайын кызмат муну бышыктаган да, жокко чыгарган да эмес.

УКМК да, Башкы прокуратура дагы Улан Чалбаевдин пара менен камалышынын чоо-жайы тууралуу азырынча кеңири түшүндүрмө тарата элек. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына "Башкы прокуратуранын кызматкери пара доолап жатат" деп ким арыз жазганы да сыр бойдон калып жатат.

"Азаттыктын" прокуратура жана сот органдарындагы ишенимдүү булактарынан алган маалыматтарына ылайык, Улан Чалбаевдин камалышы "Ага Хан" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жерин камактан чыгарууга байланыштуу болушу мүмкүн.

Жер сатуу иши боюнча соттолгон Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.
Жер сатуу иши боюнча соттолгон Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.

Карганбек Самаковдун ишин былтыр Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту карап жатканда "Ага Хан" фондунун өкүлдөрү кызыкчылыгы бар тарап катары сот жараяндарына катышып, көрсөтмө беришкен. Алар жердин камакка алынганы мыйзамсыз болгонун айтып, камактан чыгарып берүүнү өтүнүп жүрүшкөнү белгилүү.

Сот материалдарына ылайык, Эл аралык "Ага Хан" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2012-жылы Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынан 84 гектар жерди 8,3 миллион долларга сатып алган. Фонддун финансы маселелери боюнча кеңешчилери, жалдаган юридикалык компаниялар да жерди сатып алып жатканда "документтердин баары жайында" деп корутунду чыгарып беришкен.

"Ага Хан" фонду бул жерге 1-11-класстын окуучулары үчүн жатаканасы бар эл аралык билим берүү академиясын курууну пландаштырып жаткан.

Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Жунушбаев "Карганбек Самаков сатып алган" деген 80ден ашык гектар жерге эч нерсе курула электигин айтып берди:

Ал жеке менчик жер болуп калгандыктан "Ага Хан" фонду сатып алганын билбейт экенмин.

- Башында бул үлүш жерлер болчу. Анан Самаковдор үлүш жердин ээлери менен жеке келишим түзүп сатып алган. Жердин кайсы бир бөлүгү трансформация болуп, кайсы бир бөлүгү бүтпөй калган. Ал жеке менчик жер болуп калгандыктан "Ага Хан" фонду сатып алганын билбейт экем. Биз деле "Ага Хан" фонду сатып алыптыр" деп мындай эле уктук. Ошондуктан расмий айта албайм. Байтик айылынын үстүндөгү болжол менен 25 гектардай жерге VIP шаарча салынган. Ылдый жагы 80 бир канча гектар жер. Ошол 80 гектар жерге эч нерсе салына элек.

"Ага Хан" өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Адылбек Исмаилов маалыматы жоктугун айтып, комментарий берүүдөн баш тартты:

- Чынын айтканда, биздин өкүлчүлүктө бул боюнча маалымат жок. Тилекке каршы, комментарий бере албайбыз. Мен ал тургай биздин адвокаттар ким экенин да билбейт экенмин. Бизде маалымат жок, болгондо бермекпиз. Азырынча комментарий бере албайбыз. Жер тууралуу Интернетте жүргөн гана маалыматтарды укканбыз. Кандайдыр бир комментарий бергенге мүмкүнчүлүк жок.

Карганбек Самаковдун жакындары да кандайдыр бир түшүндүрмө бербей жатышат.

Мурунку башкы прокурор Байтемир Ибраев Башкы прокуратурада мыйзамда жазылган, жазылбаган тартип-эрежелер тууралуу айтып берди. Ал Улан Чалбаев жетектеген башкармалык башкы прокурордун орун басарларынын биринин көзөмөлүндө болоорун айтты жана ал орун басардын моралдык жоопкерчилигине токтолду:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Башкы прокурор өзү түздөн-түз тейлеген тармактар бар. Башкы прокурордун орун басарлары тейлеген тармактар бар. "Пара талап кылды" деп колго түшкөн бала жетектеген башкармалык сыяктуу бир нече башкармалык бар да. Ошонун баарын көзөмөлдөш үчүн орун басарларга бөлүнгөн. Пара алыш үчүн аны менен макулдашты деген өтө оор маселе да, оор кылмыш. "Сот отурумунда судья эч кимге баш ийбейт, өз алдынча чечим чыгарат" деп мыйзамда жазылган да. Ошол сыяктуу эле мыйзам боюнча сотко катышып жаткан прокурор көз каранды эмес болушу керек. Бирок тажрыйбага ылайык, ошол сот жараянына катышкан прокурор сөзсүз түрдө жанагы башкармалык менен макулдашат. Алар отуруп, сүйлөшүп, позициясын тактап алгандан кийин орун басарга барып "биздин позиция мындай, колубузда мындай далилдер бар" деп акылдашкан, мыйзамда жазылбаган маселелер бар. Азыр коомчулукта күмөн жаралып жатпайбы, "ошол башкармалыкты караган орун басары билет беле же билбейт беле" деген суроо жаралып жатат. Эми бул кылмышка айланып кетпедиби. Кылмыш болбогондо буларды тескеген орун басарлар менен макулдашып-акылдашып, мындайда сөзсүз жасала турган жол-жоболор бар.

"Коомдук анализ институтунун" жетекчиси Рита Карасартова "ири өлчөмдө пара алган" деп кармалган Улан Чалбаевдин иши тууралуу ачык маалымат берилбей жатканы бир топ күдүк ойлорду жаратарына токтолду. Ал пара менен кармоо операциясын ырастаган ыкчам тасма аздыгын айтты:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Ошол пара алганга чейин "мына, бул киши менен сүйлөштү, тигил киши менен кирди" дегендей ыкчам тасмалар болушу керек эле. Биз ошонун баарын көрүшүбүз керек. Анткени мындан мурда да Кылычбек Арпачиев (ред. "Карганбек Самаковдун уулунан 100 миң доллар пара алган" деп соттолгон Башкы прокуратуранын кызматкери) дегенди отургузганда иш бөлмөсүнө келип тартмасын тартса эле жүз миң доллар чыгып калган. Ошол операциянын башка учурларын, "мынакей, сүйлөшүп жатышат, келип жатат" дегендей жерлерин көрсөтпөйт. Жүз пайыз далил болушу керек. "Мынакей, камалып жатат" деп ураалагандан алыс болушубуз керек. Анткени ошол эле аткаминерлер статистиканы жасаш үчүн, президентке жагыш үчүн "ушундай аттуу-баштуу адамдарды камадык" деши мүмкүн. Иш жабык болсо эле артында бир сыр болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул айда Бельгияга иш сапары менен барганда ханзаада Карим "Ага Хан" Парижден атайын учуп келип аны менен жолугуп кеткен. Жолугушууда Байтиктеги камакта турган жерге байланыштуу маселе талкууланганбы же жокпу, белгисиз.

Өткөн айда ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Ошко барганда "Ага Хандын" тик учагын колдонгону ачыкка чыккан жана бул маселе социалдык тармактарда кызуу талаш-талкуу жараткан болчу.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тойдун тамагы жакшы сиңбейт

Иллюстрация

Кыргыз тойлорунда түрдүү салаттар, тооктун, балыктын эти ж.б абдан көп өлчөмдө желет. Бул адамдын ден соолугуна сокку уруп, кант диабети, кан басым, жүрөк, бөйрөк оорусу келип чыгарын адистер эскертишет.

Бишкектин тургуну Венера да тууган-катыштары көп болгондуктан, ар дайым тойго барууга мажбур. Бирок тойдун эртеси бүткөн бою салмактанып ооруп каларын айтты:

- Кафе, ресторандарга тойго барганда тамактын түрүн жейсиң. Биринен ооз тиесиң, экинчиси андан жакшы көрүнөт. Жебей, айрыкча ичпей койсоң "жактырбай жатат" деп ойлошот экен. Жегенден калган кешикти баштыкка салып беришет. Башкаларды билбейм, бирок мен тойго баргандын эртеси ооруп калам. Анан чөп-чар, чычырканактын ашын демдеп ичкенге туура келет.

"Кыргызстанга келгенде ашказаным кыйналат"

Италияда көп жылдан бери жашап, иштеген Мира Өмүралиева жакында Кыргызстанга эс алууга келгени турат. Ал мекенге сапар алдында ашказанга кам көрүп, дайыма дары-дармек сатып аларын айтып берди:

Иллюстрация
Иллюстрация

- Кыргызстан менен Италия дасторконунда айырма чоң. Үч жыл Италияда жүрүп Кыргызстанга келгенде сагынган тамактарды көп жеп алып, аябай кыйналгам. Ошол нерсени экинчи кайталабайын деп, жолго чыгаар алдында "жеңил тамактарды жасагыла" деп эскертип коем. Башында туугандар да "мурда жеп эле жүрбөдүң беле" деп таарынышкан. Бирок мен аларга кыргыз бойдон эле калганымды, болгону ден соолук керек экенин түшүндүргөм.

Түнкүсүн азыктануу зыян

Той-аштарда оозду тындырбай түнгө чейин тамактануу саламаттыкка кандай таасир этери тууралуу илимий тыянак азырынча жок. Ошентсе да диетолог Бактыгүл Иманкуловага суроо салып, жооп издедик.

Алмурут жүрөк оорудан сактайт

Алмурут жүрөк оорудан сактайт

АКШнын Колорадо мамлекеттик университетинин окумуштуулары өткөргөн изилдөөгө 45-60 жаш курагындагы 50 адам катышкан. Аларга эксперимент маалында ар күнү орточо эки алмурут же алмуруттун ширесинен жасалган 50 грамм таблетка берилген. Эксперимент бүткөндөн кийин ага катышкан 36 адамдын кан басымы жана көк тамырдын (артериянын) согушу базалык деңгээлге салыштырганда төмөн болгон.

- Кечки тамакты көп жегенде организмден инсулин бөлүнүп чыгат да, эндокриндик система бузулат. Бул кант диабети, дисбактериоз, кан тамырлардын ичкерип кетиши сыяктуу оорулардын келип чыгышына жана кан басымдын көтөрүлүп, салмак кошууга, жүрөктүн согуусунун начарлашына алып келет. Өзгөчө боор менен бөйрөктүн бузулушуна себеп болуп, гормондор начар бөлүнүп чыгат. Бул организмдин тез картайышына алып барат.

Салтанаттуу кечелерде чийки жана бышкан жашылчадан салаттар, ар түрдүү чыктар (соус), татымалы көп тамактар берилет. Алар организмге киргенден кийин түрдүү химиялык реакцияларды жаратышы мүмкүн дейт Кыргыз-түрк "Манас" университетинин микробиологу Руслан Адил:

- Тамак-аш ичке киргенден кийин элементтерге ажырайт жана организмге керектүү өлчөмдө таратылып берилет. Айталы, эттин курамында темир, ал эми сүт азыктарында кальций көп. Буларды аралаштырбай өз-өзүнчө жеш керек. Анткени темир менен кальций бир убакта реакцияга кирбейт, кайра бири-бирине терс таасир тийгизип, сапатын жоготот. Натайжада пайдасыз тамакты жеген болуп каласыз. Негизи эле муздаткычта да чийки азыктар менен бышкан азыктар жакын турбашы керек. Анткени бири-бирине тескери реакция кылып, бышкан тамакты тез ачытат.

"Бузулган тамак бөйрөктү иштен чыгарат"

Дарыгерлер кечкисин ашыкча же туура эмес тамактануудан бөйрөккө күч келерин айтышат.

Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы

Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы

Бизде Кыргызстанда “чың ден соолук” боюнча билим, түшүнүк өтө төмөн болгондугу аябай чоң трагедия деп ойлойм. Ден соолукту чыңдоо деген бул ооруганда кантип дарыланууну билүү эмес!

Ушундан улам бөйрөк оорусунан жабыркагандар көбөйүп жатканын Улуттук госпиталдын профессор-урологу Жаныбек Мамбетов айтты:

- Кээде жылытма ичкенде, ашканада санитардык тазалык сакталбаганда бактериялар тамак аркылуу организмге кирип, аны ууландырат. Организмдеги керексиз заттар бөйрөк аркылуу чыгат. Ууланганда анын клеткалары талкаланып, иштен чыгат.

Жапырт уулануу фактысы өлкөдө улам-улам катталып, ал тургай адам өмүрүн алган учурлар да бар. 2018-жылы 13-мартта Өзгөн райондук ооруканасына он киши түшкөн. Ал эми февраль айында Кара-Суу районунда тамакка ууланып, он эки киши ооруканага жаткан. Көп өтпөй, эки наристе чарчап калган.

Бишкекте 1-апрель күнү ресторандагы үлпөт тойдон уулангандардын саны 180 кишиден ашты.

"Азаттыктын" архиви: Ашыкча салмактан арылуу азабы. 2018-жыл

"Эже-сиңдилер": Ашыкча салмактан арылуу кыйын
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:15 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ырыс-кешиктүү бол, Ырысбай...

Иллюстрация

"Сөз дайра" берүүсүндө ырыс, өтө, өтөгөн, өргөө деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Кыргыз тилиндеги “өтө” деген сөз “абдан”, “эң эле” деген сөздөр менен маанилеш. “Өтө” сөзү дагы бир сөзгө уланып, өзүнүн толук маанисине келет. Мисалы: “өтө зарыл”, “өтө керек” же “өтө жаман”, “өтө арзан”, “өтө сулуу”, “өтө кыйын”, “өтө жоопкерчиликтүү” ж.б.

“Өтө” сөзү айрым сөздөр менен уланып, мындай маанидеги сөздөрдү да жаратат. “Өтө кайрат баш жарат” деп коет. Аша чаап кеткен кайраттан чыр чыгат дегени. “Өтө кеткен шаан-шөкөт болду” десе, шаан-шөкөт ыгы жок болуп кетти, аша чаап кетти дегенди билдирет.

“Өтө акмак киши, бирөөлөргө асылмайын, бирөөлөргө сөйкөнүп кашынмайын”, аты-жытын жашырып алып каралап, жамандап жазмайын тынч жаталбайт. Мындай бузуку, ниети кара адамдар тиги дүйнөгө барганда көрүндө өкүрөт” дейт кыргыздар.

“Быйылкы жай өтө кургакчыл болду” дейт. Түндүк тарапта “өтө” сөзү “аткар” деген да маанини билдирет. “Сөзүн өтөдү” дейт. “Мойнундагы милдетин өтөдү” дейт. “Беш убак намазын өтөгөн киши эле” дейт.

Эми “өтөгөн” деген сөзгө келели. Кыргыздар кээ бир аттарды тергеп, кыйытып, өз аталышынан башкача айтып келген. Мисалы “аюуну” “өтөгөн” деп атаган. “Аюу” десе күн жаадырат дечү эле илгеркилер, “аюу” дебей “өтөгөн” дечү эле” дейт. Мындан улам “Өтөгөндүн териси өзү жатып ий болот” деген сөз айтылып калган.

“Өргөө” деген эки жаштын үйлөнүү тоюна арналып тигилген боз үй. “Эки балага өргөө тигиптир, өргөө көтөрүптүр” деп коет. Илгери колунда бар байлар күйөө-кыздын өргөөсү деп үйлөрдөн обочо, четирээк жерге он эки канат ак үй ( боз үй) тиктирген. Ушуну “өргөө” деп атаган.

“Ырыс” деген сөз “бакыт-таалай”, дагы бир маанисинде “үлүш” дегенди билдирет. “Иниси бардын ырысы бар” деп коет. Кээде муну “Карысы бардын ырысы бар” деп да айтат. “Эрте турган адам ырыстуу болот” дейт. “Ырыс-кешиктүү той болду” дейт. “Калп айтпа, калп айтсаң ырыс кесет” дейт. Калп айткан адам бактысынан, жакшылыктан, тилегинен ажырайт дегени. (Эгер ушул айтылгандарга ишенгиң келбесе, калп айткан адамдардын кандай болгонун эстеп кой).

“Ырысың кеткир”, “Ырысыңды жегир”, “Кайсы ырысыңа ырсаясың” деген да сөз бар.

Кыргыздар мына ушул ырыска байланыштуу балдар-кыздарынын атын “Ырысбай, Ырысгүл” деп азан чакыртып атаса, аны паспортунда болобу, маалымат каражаттарында болобу бузуп, туура эмес жазып, бул жагынан да кайдыгерлигибизди же тайкылыгыбызды көргөзүп келе жатабыз.

Мисал менен далилдейли, ата-энеси ырыстуу болсун деп койгон Ырысбай деген аттын “Ы” тамгасын ыргыта чаап “Рыспай”, же кыз болсо “Рыскүл” деп айтып, жазып калдык. “Рыс” деген сөз орус тилинде чычкан тукумуна кирген “сүлөөсүн” дегенди билдирет. Ошондуктан “Рыспай, Рыскүл, Рыскул, Рыспек” деп “р” тамгасын баш тамга кылып, атын өзгөртүп алгандардан суранарыбыз, өз атыңарды оңдоп-түзөп алсаңар, ырыс-кешиктүү болот элеңер дегибиз келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Асланова: Диндердин көп түрдүүлүгү болушу керек

Индира Асланова

Диний абалга таасир тийгизген факторлор, мамлекеттин бул тармактагы саясаты, "Ыйман" фондунун ишмердүүлүгү, муфтияттын кетирип жаткан катачылыктары тууралуу Кыргыз-Орус (Славян) университетинин мугалими, дин таануучу Индира Асланова менен маек.

Көп түрдүүлүк жана коом

"Азаттык": Индира айым, Кыргызстандагы диний абалды коопсуз деп ойлойсузбу?

Индира Асланова: "Коопсуздук маселесинде коркунуч бар" деп абалды курчуткандан алысмын. Мамлекеттик саясатты жана эксперттердин өзгөчө көңүл бурушун талап кылган айрым кооптуу жагдайлар гана бар деген пикирдемин. Диний абал оор деп да айта албайм. Узак мөөнөттө коркунуч алып келиши мүмкүн болгон кооптуу жагдайлар бар. Ошондуктан радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жасала турган жумуштар арбын. Мисалы, коомдо ар түрдүү топтордун ортосунда бөлүнүү бар. Диний топтордун арасында бөлүнүү болгондой эле, диний топтор менен диний эмес топтордун ортосунда да ажырым бар. Мусулман жамааттары ар башка.

"Диний ар түрдүүлүк" деген нерсе пайда болбодубу, бизде. Өлкөбүз жалгыз улутка же бир эле диний топко негизделбейт да. "Ушундай шартта бул ар түрдүүлүк менен биз кандай иш алып барышыбыз керек?" деген маселе турат. Биз бул ар түрдүүлүктү коркунуч катары карайбызбы же андан жакшы нерселерди алып, пайдаланабызбы? Дал ушул жерде ар түрдүүлүктү түшүнбөө жана кабыл албоо боюнча радикалдуу көз караш жана иш-аракеттер коопсуздукка коркунуч туудурат деп ойлойм.

Эл бул ар түрдүүлүктү кабыл алгысы келбеши мүмкүн. Башка динге өткөн жарандарыбызга болгон мамиле, аларды жерге берүүдөгү кыйынчылыктар, бир топтун ошол эле диндеги башка кичине жамааттарды кабыл албаганы жана башка маселелер буга мисал боло алат. Аларды мамлекеттин саясатында жана жалпы эле коомдо көрүүгө болот. Мамлекеттин белгилүү бир дин түшүнүгү үчүн гана ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылышы башкалар тарабынан коркунуч катары кабыл алынууда.

Дагы бир мисал айта кетейин. Акыркы мезгилде диний уюмдардын санын көзөмөлгө алуу аракети болууда. Дин тууралуу мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү менен диний уюм ачууну каалагандардын санын беш жүз адамга чыгаруу максаты коюлуп жатат. Кыскасы бизде калыптанып жаткан ар түрдүүлүктү кабыл албоонун, ага каршы туруунун өзү радикалдашуу коркунучу катары каралышы керек. Мен муну диний ар түрдүүлүкө каршы болуу түрткү болгон радикалдашуу деп айтаар элем.

Өзгөчө зордук-зомбулукка таянган экстремизм боюнча айткым келет. "Зордук-зомбулукка таянган экстремизм барбы же жокпу?" деген маселе эмес, бул. Биз аны менен кантип күрөшүү керек экенин азырынча билбейбиз. Биздин мамлекет эле эмес, бул коркунуч менен кантип күрөшүү керек экенин дүйнө жүзүндө эч ким билбейт. Мисалы, түрмөгө камалгандар менен кантип иш алып барууну өздөштүрө элекпиз.

Согуш талаасынан кайтып келгендер менен иштөөнү билбейбиз. Аларды коомго аралаштыруу, кайрадан тарбиялоо менен алек болобузбу? Алардын коомчулукка кошула албай жаткан туугандары эмне болот? Ошондуктан белгилүү бир иш алып барууну талап кылган топтор бар, бирок биз алар менен кантип иштөөнү билбейбиз. Керек болсо биз аларга көңүл да бөлбөйбүз.

Дин концепциясы жана экспертиза

"Азаттык": Мамлекеттин бул тармактагы саясатын кандай деп баалайт элеңиз?

Индира Асланова: 2006-жылы кабыл алынган жана таптакыр ишке ашпаган Дин концепциясына караганда 2014-жылы кабыл алынган Дин концепциясы белгилүү өлчөмдө ишке ашып жатат. Дин концепциясынын ишке ашуусу боюнча бир жарым жыл мурда биз өткөргөн талдоо аркылуу пландалган иш-чаралардын 60-70 пайызы аткарылганы же аткарылып жатканы аныкталган.

Мындан сырткары Дин концепциясы ушунчалык эле жакшы жазылгандыгы үчүн эмес, мамлекет, коомдук уюмдар жана эл аралык уюмдар бул концепцияны ишке ашыруу максатында бардык күчүн жумшагандыгы үчүн майнап чыгууда.

Диний экспертиза маселеси да бир жолго коюлду. Мурда диний экспертизанын деңгээли аябай жаман эле. 90-жылдардан бери методологиялык негиз жана "бул экспертиза кандай жасалышы керек" деген түшүнүк да жок эле. Азыр ким, кандай экспертиза менен алек болот - белгилүү болуп калды. Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси, башкача айтканда "Экстремизм" боюнча экспертиза менен мындан ары Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы алек болмокчу. Бул экспертиза толук лингвистикалык-психологиялык экспертиза болуп эсептелинет. Эми белгилүү бир диний адабият же болбосо диний чакырык экстремисттик же экстремисттик эмес экенин, экстремисттик чакырыктын бар же жок экенин дин таануучу эмес, лингвист жана психолог аныктайт.

Мындан ары Дин комиссиясынын милдетине соттук дин таануучулук экспертиза жүргүзүү кирбейт. Дин комиссиясы диний уюмдарды каттоодо же диний адабиятты өлкөгө алып кирүүдө мамлекетик дин таануучулук экспертиза жүргүзөт.

"Азаттык": Буга чейин Дин комиссиясы соттук дин таануучулук экспертиза жүргүзүп келген да. Анда ал экспертизалардын мыйзамдуулугу боюнча маселе пайда болууда. "Экстремизм" беренеси менен түрмөдө отургандар өз ишин кайра кароону талап кылышы мүмкүнбү?

Индира Асланова: Дин комиссиясынын соттук-эксперттик жыйынтык чыгарышы туура эмес иш болгон. Юстиция министрлиги "Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия соттук-эксперттик орган болуп эсептелбейт" деп расмий түрдө билдирген. Эгерде камалган жарандын ишинде ушундай бир эксперттик жыйынтык негиз катары кабыл алынган болсо, анда ал ишти кайра кароону талап кыла алат деген ойдомун.

"Азаттык": Дин комиссиясына жаңы жетекчи келгенден кийин эмне өзгөрдү? Азыркы директордун саясаты мурдагыдан эмнеси менен айырмаланат?

Индира Асланова: Менин оюмча жыйынтык чыгарууга азырынча эрте. Бирок азыркы жетекчи маселелерге илимий жана жумшагыраак мамиле кылганы байкалат. Бул кандай жыйынтыкка алып барат - азыр айта албайм. Чынын айтсам, жеке адам мамлекеттин саясатына кандай таасир тийгизип жатканына көп деле көңүл бурган жокмун.

Айт намаз, Бишкек
Айт намаз, Бишкек

"Азаттык": Сиз мектептерге "Дин маданиятынын тарыхы" сабагы киришин кызуу жактаган илимпоздордун бирисиз. Окуу китебинин даярдалышына да салым кошуп келесиз. Бул сабак мектептерге эмне максатта киргизилүүдө?

Индира Асланова: Бул сабактын мектептерге киргизилишинин себептерин жалпы карашыбыз керек. Негизги максат - баланын дин маселесинде эркин ой жүгүртүшүнө, диндин маданияттын өнүгүшүнө кошкон салымын түшүнүшүнө шарт түзүү. Муну менен бирге радикалдашуунун алдын алуу максаты да коюлат.

Бирок булардын баарына жалпы карашыбыз керек. Жумасына бир саат кирген сабак радикализмди жоюп салат деп айтуудан, албетте, алыспыз. Сабак балдарга ар түрдүү диний салт-санаа бар экенин түшүнүүгө, ар бир дин дүйнөлүк маданияттын, илим-билимдин, искусствонун өнүгүшүнө өз салымын кошконун көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Дүйнө жүзүндө ар түрдүү динге ишенген ар түрдүү адамдар боло турганын аңдоого жардам берет. Бул диний сабак эмес. Бул комплекстүү түрдө жүргүзүлчү жумуш. Бул сабак радикализмдин алдын алуу программасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

"Бул сабактын ордуна белгилүү бир динди үйрөткөн сабак кирсин" деген сунуштар айтылып жатат. Бирок мен буга кошулбайм. Азыркы учурда динди үгүттөгөн ар түрдүү диний окуу жайлар бар. Ата-энелер кааласа балдарын ошол окуу жайларга берип, динди үйрөтсө болот. Биздин мамлекетибиз дүйнөбий мамлекет болуп эсептелет. Азыркы учурда диний окуу жайлар өздөрүнүн окуу программаларын өздөрү аныктаганы туура деп ойлойм.

Гүленчилер жана салафийлер

"Азаттык": Салафийлер коопсуздук үчүн коркунуч туудурат деп ойлойсузбу?

Эмне үчүн катардагы жаран жогорку даражалуу адамга карата эки-үч сүйлөм жазганы үчүн экстремист катары жоопко тартылат да, ал эми мечитте отуруп алып диний кастыкты козуткан, диний жана жыныстык чыдамсыздыкты үгүттөгөн диний жетекчилерге эч кандай көңүл бурулбайт?

Индира Асланова: Салафизм Кыргызстан үчүн маселе жаратып жатканын акыркы мезгилде көп эле угуп келем. Адистер да "салафизм жаман жана коркунучтуу" деп айтып жүрүшөт. Бирок мен ушуга чейин салафизмге карата эмне иш кылыш керек экени жөнүндө бир да сунуш уга элекмин.

Жеке өзүм бардык эле салафийлерди эмес, алардын радикалдуу топторун коркунучтуу деп эсептейм. Башка жактан алып караганда мамлекет ханафий - мазхабын колдоп жаткан болсо да, эмнеге ишенүү керек же керек эмес экени - ар бир жарандын өзүнүн иши.

Коомчулук өзүнө эмне керек экенин өзү аныкташы керек. Ошондуктан мамлекет жигердүү иш алып барып жаткан радикалдуу салафийлерге чара көрбөй коюп ката кетирип жатат. Эмне үчүн катардагы жаран жогорку даражалуу адамга карата эки-үч сүйлөм жазганы үчүн экстремист катары жоопко тартылат да, ал эми мечитте отуруп алып диний кастыкты козуткан, диний жана жыныстык чыдамсыздыкты үгүттөгөн диний жетекчилерге эч кандай көңүл бурулбайт? Бул эки ача мамиле "адилеттүүлүк болот, туура эмес иш жасагандар жоопко тартылат" деген ишенимдин жоголушуна алып барат.

"Азаттык": Гүленчиликтин Кыргызстанда жайылышына кандай карайсыз?

Индира Асланова: Мен бул нерседе коркунуч көрбөй эле турам. Гүленчилик - Түркиянын маселеси. Биздин мурдагы президентибиз айткандай, биз Түркия эмеспиз. Фетхуллах Гүлендин окуусу динге, туугандарга, коомчулукка кандай караш керек деген максатта жарандарыбызга өзүнүн көз карашын жаюуда. Гүленчилер саясатка кандай таасир тийгизип жатканы тууралуу саясат таануучулардан сураш керек го. Менин бул тууралуу пикирим жок.

"Ыйман" фонду менен муфтияттын ишмердиги

"Азаттык": Дин чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүгө “Ыйман” фонду кандай таасир тийгизүүдө? Маселелердин чечилишине өз салымын кошуп жатабы?

Индира Асланова: Эң өкүнүчтүүсү - иш-аракет жүргүзүш үчүн “Ыйман” фонду тар багытты тандап алды. Ошол себептен бул фонддун ишмердүүлүгү чектелип калды. "Ыйман" деген аталыш белгилүү бир динди эле эмес, башка диндерди да камтыган кеңири мааниге ээ.

Бул “Ыйман” фонду иш алып барып жаткан жалгыз эле исламий чөйрөнү түшүндүрбөйт да. Мен чоң жумуштар жасалып жатканын, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча көп сандаган окуулар уюштурулганын, көп акча жумшалганын көрүп жатам. Бирок мен “Ыйман” фондунун ишмердүүлүгүндө ачык-айкындыктын камсыздалганын, аялдарга багытталган иш-аракеттердин жүргүзүлгөнүн көрбөй жатам. Аялдардын радикалдашуусу жөнүндө айтылат, бирок аялдар менен иш жүргүзүлбөй жатат. Муфтияттын аялдар менен иштешпей келе жатканын билебиз, бирок бул багытта иш алып барат деген “Ыйман” фонду бул маселени таштап жатканы, албетте, суроо туудурат.

"Азаттык": Сиздер Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча да атайын талдоо жүргүзгөн элеңиздер. Муфтияттагы кайсы маселелер чечилбеген бойдон калууда?

Кыргыз тилинен башка тилде диний үгүт-насаат жүргүзүлбөй жатат. Эмне үчүн салафизм орусча сүйлөгөн жаштардын арасында жайылууда? Себеби орусча сүйлөгөн шаардык жаштар дин тууралуу маалыматты орусча булактардан гана алып жатышат.

Индира Асланова: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жалаң эле диний уюм эмес, көптөгөн тармактык түзүмдөргө ээ болгон эң чоң коомдук мекеме болуп эсептелет. Ошондуктан жигердүү иш алып барыш үчүн жалгыз эле динди билүү жетишсиздик кылат, бул жерде башкаруучулук жөндөм да керек. Ушул нерсеге чоң маани бериш керек. Мусулмандар дин башкармалыгынын башка коомдук уюмдар, мекемелер жана топтор менен байланышына өзгөчө көңүл буруш керек жана алар менен иштешүүнүн жол-жобосун табыш керек.

"Кыргызстандагы бардык мусулмандарды бириктирет" деген муфтият азыр белгилүү гана улуттагы мусулман топту колдоодо жана бир гана агымды жаюуда. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында мусулманчылыкты карманган бардык улуттардын өкүлдөрү жок. Кыргыз тилинен башка тилде диний үгүт-насаат жүргүзүлбөй жатат.

Эмне үчүн салафизм орусча сүйлөгөн жаштар арасында жайылууда? Себеби орусча сүйлөгөн шаардык жаштар дин тууралуу маалыматты орусча булактардан гана алып жатышат. Ал булактар көбүнесе салафизмди жаюуда.

Муфтият сыяктуу салттуу диний уюмдар жаштардын суроолоруна орус тилинде канааттандыраарлык жооп бербей жатышат. Ошондуктан муфтият Кыргызстандагы бардык мусулмандардын өкүлү боло ала турган уюм болуп саналбайт. Белгилүү бир улуттун жана белгилүү бир исламдык агымдын гана өкүлү болууда.

Муфтиятта бардык улуттагы мусулман топтордун жана исламдагы агымдардын өкүлдөрү болушу керек. Мусулманчылыкты карманган улуттардын жана ар түрдүү исламдык агымдардын, кыймылдардын өкүлдөрү муфтият алардын кызыкчылыгын да колдорун сезиши керек. Ушул нерсени муфтият азырынча бере албай жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сапар карыса да көч токтобосун

Жолдош Турдубаев.

Өкмөт башчылар бизде 28 жылда 29 ирет алмашыптыр, эми отузунчусу келгендеги кербези… Жаман айтпай жакшы жок – жоопкерчиликти бекемдебесек, көч бүлгүнгө учурап, эгемендиктен кол жууп калышыбыз ыктымал…

Талоончуларды тайраңдаткан тутум

Кумтөрдү талоонго салып беришке көнбөй койгон Насирдин Исанов "өлтүрүлдү" деген имиш да айтылып жүрөт.

Иштей албагандын ордуна иш билгисин дайындаш үчүн эмес, мителердин жеп-ичишине шарт түзүш үчүн өкмөт жетекчилери тез-тез алмаштырылып келди. Ошондуктан «Чейрек кылымдан ашуун мезгилде Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын ойлогон өкмөт башчы болду беле бизде?» деген суроону бербей эле коюш керек. Андай ниети бар, колунан да иш келгидей жетекчилер бийликке бута атым жолотулбай же кокусунан жетип калган болсо, тез эле болбогон шылтоолор менен кетирилип турду. Ал түгүл Кумтөрдү талоонго салып беришке көнбөй койгон Насирдин Исанов "өлтүрүлдү" деген имиш да айтылып жүрөт.

Биздеги жогорку даражалуу кызмат орундар «май-талкандуу», б.а. коррупциялык жол менен тез байыганга ыңгайлуу болгондуктан, чайкоо товарындай сатылып келди. Алгач ирет муну ушул Сапар Исаковдой эле кыска убакыт өкмөткө жетекчилик кылган Жумабек Ибраимов ачык айтып чыкты эле, "министрдин орду 50 миң долларга сатылат экен" деп таң калып.

Демек, өкмөт алмашкан сайын бир жыл, жарым жыл ичинде күпчөктөй семирип, арааны ого бетер ачылгандар менен катар кичине токбайсынып, ишке көңүлдөнүп калгандар да кетирилип, ордуна жеп-ичкенге ашыккан ач бөрүлөр келтирилип туруптур. «Жаңылар» бийлик чокусундагылардын капчыгын кампайтып, анан өздөрү таламайга киришип…

Биздеги мителерди кутурткан башкаруу тутуму иштин кызыкчылыгына эмес, жеп-ичүүнүн мүдөөсүнө ыңгайлаштырып түзүлгөн. Аткаруу бийлигинде ыйгарым укуктар менен конкреттүү милдет (чечим чыгаруу эркиндиги менен ал үчүн жоопкерчилик) теңдештирилген эмес, тескерисинче, такыр ажыратылып калган. Президенттин каалоосу, ачык же тымызын берилген буйруктары боюнча жасалган иш-аракеттердин натыйжасы үчүн ал өзү эмес, өкмөт оозеки айыпталып, бирок дал ушул жагдайга байланыштуу жоопко да тартылбай, болгону өтө оркойгон жосундардан улам чечимди кабыл алууга түздөн-түз тиешеси жоктор эле кызматынан кетирилип жатты. Премьер-министр менен кошо министрлер да кол жоолуктай алмашып, бир да жетекчи ишти ырааттуу жүргүзүүгө жетишпей, утурумдук опур-топурга убактысы короп турду.

Өкмөттү улам алмаштыра берүү иштин ырааттуу жүрүшүнө мүмкүнчүлүк бербей, бир жетекчи баштаган демилгени кийинкиси улантпай, дээрлик дайым иштегендей гана түр көрсөтүлүп, негизинен жеп-ичмейге кынык алган мителердин гана мүдөөсү канааттандырылаары баарыбызга түшүнүктүү болду окшойт. Эми мындай чалмакейди токтотууга чамабыз жетеби?..

Жоопкерсиздик канткенде жоголот?

Сапары эрте карыган кечээки премьер "эми мындан аркы иштерге президент өзү жооптуу" деди. Туптуура, ушундай болууга тийиш. Бирок жаңы президенттин жана өкмөт башчынын жоопкерчилигин бекемдеш үчүн буга чейинки жетекчилердин баарын териштирип, ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча күнөөлүүлөрдү аныктап, жазалоо зарыл.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алгандар, колдогондор чыккынчы катары айыпталып, башкаруу тутумунан алыс куулушу керек. Бул кечиктирбей башталышы өтө зарыл болгон эң минималдуу талап. Андан соң же ошого жанаша эле ар бир «баатырдын» жазык жоопкерчилигин караш керек. Элге, мамлекетке зыяны тийген кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу зарыл.

Ырас, Акаев менен Бакиевди алардын доорундагы жеп-ичкендер менен кошо жоопко тартуу оңойго турбайт, бирок такыр мүмкүн эмес дегенге да болбойт. Эгер бюджетти талоонго учураткан, өлкөнүн экономикасына оор зыян келтирген иш-аракеттер боюнча бардык документтерди ачыкка чыгарып, кылдат иликтесе, юридикалык жактан сабаттуу тариздеп кайрылса, эл аралык укук коргоо уюмдары элдин уурдалган ырыскысын офшорлордон, Швейцариядагы банк эсептеринен кайтарып алууга көмөктөшүүсү ыктымал. Өткөөл мезгилде президент болуп турган Роза Отунбаева БУУнун жыйынында ушундай мааниде кеп козгоду эле, эми бул ишти ар тараптан ойлонуштуруп, кайра колго алыш керек.

Бир жерден бүлдүрүп, кызматынан бошотулган адам башка жерге барып дагы бир кызматка туруп калбашы керек.

Мамлекеттик башкаруу тутумун түп-тамырынан бери реформалап, артыкбаш, бири-бирин кайталаган түзүмдөрдү жоюп, эң зарылдарын, реалдуу иштегендерин гана калтырып, ар бир кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүп, эмгек акысын базардагы соодагердин орточо кирешесинен калышпагыдай өлчөмдө белгилөө зарыл. Кадрларды даярдап өстүрүү, тандоо, дайындоо, ротациялоо ишин жолго коюш керек. Мурда-кийин былык иштерге аралашкандарды башкаруу тутумунан биротоло кетирүү абзел – бир жерден бүлдүрүп, кызматынан бошотулган адам башка жерге барып дагы бир кызматка туруп калбашы керек. Мамлекеттик кызматтарга дайындоодо ар бир кадрды ким сунуш кылса, анын туура иштеши үчүн саясий жактан жоопкерчиликти моюндашы кажет.

Башкаруу тутумундагы эле эмес, бюджеттен айлык алып иштегендердин баарынын, мисалы, мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысын ушундай көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Буга кайра бюджеттин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, салык төлөөчүлөрдүн (элдин!) эсебинен чогултулуучу бул каражаттардын туура сарпталышы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү аркылуу жетише алабыз. Эгер кычкачты 600 доллар, көчөттү 9000 сом деп элди мазактаган мителер түрмөгө отургузулса, элдин ырыскысын төгүп-чачкандардын баары жазаланса, бюджет куржунунун тешик түбү бүтөлөт да, тышкы карыз азайып, киреше өсө баштайт. Кыргызстан гүлдөп өнүгүү жолуна түшөт.

Пейилибиз оңолсо, көч түзөлөт

Ырас, жаңы өкмөт компромисстик негизде куралып калды, анын түзүмү да өзгөртүлгөн жок. Бирок мүмкүнчүлүк бар, көп кечиктирбей реформа жүргүзүүгө болот. Сот бийлигин эмитен эле паракорлордон тазалап, өз алдынчалыгын бекемдеп, нукура кесипкөй парламентти шайлоого азыртан камына бериш керек.

Эгер президент менен өкмөт ушундай кадамдарды жасаганга саясий эрки жетсе, улут көчү (Атамбаевдики эмес!) өксүбөй уланат. Болбосо, утурумдук уу-дуу менен эле чектелип, коррупцияга каршы күрөш ураанын саясий атаандаштарды куугунтуктоо максатында пайдаланган мурунку бийликтин жосунун кайталаса, анда Кыргызстандын эгемендиги сакталбай калышы ыктымал…

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ чатагы: баа берилбеген жоопкерчилик

Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупциялык иштерге шектүү катары мурдагы жогорку кызмат адамдары камакка алына баштады.

Ошол эле учурда ЖЭБдеги кырсыктын себептерин жана жаңылоого кеткен каражаттын дайынын иликтөө боюнча депутаттык комиссия корутундунун долбоорун даярдап бүттү. Анда жабдуунун жана кызмат көрсөтүүнүн баалары ашкере жогору көрсөтүлгөн фактылар берилип, бирок тиешелүү кызмат адамдарынын жекече жоопкерчилиги так аныктала элек. Андыктан комиссия мүчөлөрү ага бир катар алымча-кошумчаларды сунуш кылган.

Катары менен камалгандар

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо долбооруна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын 2012-жылдан 2014-жылга чейинки жетекчиси Салайдин Авазов жана анын орун басары Жолдошбек Назаров кылмышка шектүү катары кармалды. 19-апрелде сот бөгөт чарасы катары аларды эки айга тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Буларга удаа эле "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жакында кызматтан алынган жетекчиси Айбек Калиев да 18-апрелде камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов мекеменин Коррупцияга каршы күрөш кызматы жүргүзгөн иштерди санап берди:

- "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси, Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Салайдин Авазовго, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго жана "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Кылмыш-жаза кодексинин 303 ("Коррупция") беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, буга байланыштуу алар кармалып, тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда бул жарандардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаевге жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ага чейин "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев жана анын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков кармалган. Алардын баарына ЖЭБди аварияга алып келген жагдай боюнча "Шалаакылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

"Коңулдарга" жашырылган жагдайлар

Ал арада Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин аныктоо боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия иликтөө корутундусунун долбоорун даярдады. Анда насыя макулдашуусунун шарттары, андан кийин сатылып алынган жабдуулардын, курулуш материалдарынын жана кызмат көрсөтүүнүн баалары ашкере жогору көрсөтүлгөнү аныкталган. Бирок айрым комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, корутундунун долбоорунда бул ишке катышы бар кызмат адамдарынын ар биринин аракеттине толук баа берилген эмес. Мисалы, курулуш иштери дээрлик аяктап калганда, 2017-жылдын 3-июлунда "Электр станцияларын" жетектөөгө келген Узак Кыдырбаев 7-июлда мамлекеттик кабыл алуу актысына кол койгону көрсөтүлсө, ага чейинки жетекчилер Салайдин Авазов менен Таалайбек Толубаевдин аракеттерине баа берилбей калган. Айрыкча Толубаев курулуш долбоору аяктап калганда чукулунан эле кызматтан кетишинин себеби иликтөө корутундусунда көрсөтүлбөй калган.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева ушул күнгө чейин ал адамдын ысымы эч жерде аталбаганын белгиледи:

- Мисалы, Узак Кыдырбаев 3-июлда келип, 7-июлда кол коюп жатпайбы. Мында ага чейинки жетекчилердин аракеттерине баа берилип, алардын жоопкерчилиги каралбай калган. Долбоорду ишке ашырууну көзөмөлдөө ишин жетектөөнүн мөөнөттөрү боюнча карап көрсөк, анда "Электр станциялары" ишканасынын Кыдырбаевге чейинки жетекчиси Таалайбек Толубаевдин аракеттерине эмнеге баа берилбей, анын жоопкерчилиги каралбай жатат деген суроо туулат. Бирок анын жетекчилик мезгилинде долбоор боюнча кандай документтерге кол койгону жана кайсы чечимдерди кабыл алганы боюнча бир да маалымат жок. Бул жерде ал адам мекемени ошол кезде эч бир жетектебеген сыяктуу. Анын аты-жөнүн корутунду долбоорунун эч бир жеринен таппайсыз. Эмнеге? Депутаттык комиссиянын корутундусунун мазмуну абдан маанилүү. Анткени тергөө органдары аны негизги багыт катары карманып, ошого жараша иликтөө иштерин алып барышы мүмкүн. Андыктан мен "тиешелүү кызмат адамдарынын аты-жөнүн жыйынтыктоочу корутундуга киргизсек, анда баарыныкын киргизели" деп сунуш кылып жатам. Ар бир фамилияны кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек.

Комиссия ЖЭБ кырсыгы боюнча чечимин чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

Депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоорундагы маалыматка караганда, контракттык макулдашуу боюнча Кытайдын Эксимбанкы 386 миллион доллар насыянын эсебинен 115 миллион 800 миң доллар өлчөмүндөгү авансты 2014-жылы 29-майда которгон. Бул "Электр станциялары" ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Салайдин Авазовдун учуруна туура келет. Андан көп өтпөй эле ал башка кызматка которулуп кеткен. Корутунду долбоорунда эмнегедир аталган 115 миллион 800 миң доллар аванс каражаттын каякка сарпталганы так көрсөтүлгөн эмес. Анда аталган төлөм кийинки 2015-жылдан тартып төлөнө баштаган сметалык чыгымдарга кошулуп кеткен.

Жогорку Кеңештин "РАЖ" фракциясынын жетекчиси Жыргалбек Турускулов өкмөттүн отчетун кароо учурунда премьер-министрден каражаттын чыгымдалышы эмнеге көзөмөлгө алынбай калганын сурады:

- Сиз өзүңүз парламентке келип, "кышка даярбыз" деп убада бергенсиз. Анан эле Бишкек ЖЭБи кычыраган суукта аварияга учурап, шаар тургундарын үч-төрт күн катуу үшүтүп алдык. Ал жакка модернизациялоого 386 миллион доллар акчаны жумшап, жаңылоо жүргөн экен. Бирок ал акчанын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөй алган жоксуз. Өкмөт муну кылдат иликтеп, көзөмөлгө алса болмок. Анткени ал Кытайдан алынган карыз акчаны биздин балдар төлөгөнгө мажбур.

Анткен менен кызматтан кеткен премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттери үчүн жалгыз өзү жооптуу эмес экенин кыйытты. Аны менен Сапар Исаков борборду жаңылоо жана аны кышка даярдоо иши үчүн агы чейинки өкмөт башчылары да жооптуу экенин белгилеген. Бирок кышында парламентте авариянын кесепеттерин талкуулоо учурунда Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарып турганда Кытай тарап менен түзүлгөн бул келишим боюнча сүйлөшүүлөргө катышканын айткан болчу.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Сапар Исаков бул маселени улам эле парламентте айтып чыгып, талкууга чыгара берүү Кытай тарапты капа кылып жатканын белгилеп, тергөө аягына чыкканга чейин бул темага кайрылууну туура эмес көрдү:

- 386 миллион доллар боюнча бул долбоор мен келгенге чейин эле аткарылып бүткөн. Бирок бул боюнча териштирүү иштери толугу менен аяктаганга чейин катуу сөздөрдү айтпай турсак. Себеби Кытайдын элчиси биздин Тышкы иштер министрлигине келип, биздин министрге абдан катуу айтыптыр. Ал киши "Бээжин сиздердин парламентте мындай сөздөр айтылып жатканына түшүнбөй жатат, буга окшогон талкуулар аркылуу бизди аябай капа кылып жатасыңар" деп билдирген экен. Муну биздин тышкы иштер министри ырастап берет.

"57 миң долларлык кондиционер"

Аткарылчу иштердин ырастамасына ылайык, кийинки төлөмдөр 2015-жылы 11-декабрдан бери жүргүзүлө баштаган. 2015-жылы кеңеш берүүгө, окутууга, изилдеп-долбоорлоого, башкарууга жана курулуш-монтаждоо иштери үчүн төлөмдөр 169 миллион 919 миң доллардан ашуун акча жумшалган. 2016-жылы 28-июнда 49 миллион 895 миң доллар өлчөмүндө экинчи транш которулуп, жогорудагыдай чыгымдарга төлөнгөн. Ошол эле жылы 10-ноябрда 60 миллион 564 миң доллар которулуп, жабдууларды даярдоо жана алып келүү, курулуш-монтаждоо чыгымдарына жумшалган.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов чыгымдар ашкере жогору көрсөтүлгөн одоно фактылардын бети ачылып жатканына токтолду:

- Акча каражаттарынын мыйзам бузуу менен которулганы, аларга актылары жок кол коюлганы боюнча көп кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле бул ишке аралашкан жеке компаниялардын жоопкерчилиги каралат. Анткени алынган жабдуулардын, материалдардын же кызмат көрсөтүүнүн бааларын ашыра көрсөткөн өтө көп жаңы фактылардын бети ачылууда. Мисалы үчүн, базар баасы миң доллар турган кадимки кондиционердин баасын 57 миң доллардан көргөзгөн учурлар бар. Сиздер ушуга ишенесиздерби? Бул жерде баа 57 эсе көбөйтүлгөн. Мындан сырткары арматура, темир-тезек, цемент, бетон сыяктуу жана башка курулуш материалдарынын баалары да ашыкча көрсөтүлгөн экен.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Комиссиянын корутундусунун долбоорунда берилген маалыматтарга ишенсек, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек ЖЭБине Кытайдан, Швейцариядан, Италиядан, Британиядан, Гонконгдон, Сингапурдан жана АКШдан наркы 170 миллион 737 миң долларга барабар жабдуулар менен материалдар сатылып алынган. Андагы аткарылган иштер, жабдуулар жана курулуш материалдары эң көп кабыл алынган учур "Электр станциялары" ишканасынын кийинки жетекчиси Таалайбек Толубаевдин иш маалына туура келет. Ал мекемени 2014-жылдан тартып башкарып, 2017-жылы 3-июлда чукулунан кызматын тапшырып берген. Бирок буга чейин Таалайбек Толубаевдин депутаттык комиссияга чакырылып, көрсөтмө бергени эч кимдин эсинде жок.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Таалайбек Толубаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда анын мекемени үч жылга чукул башкарганы гана көрсөтүлүп, эмнегедир анын аракеттерине баа берилген эмес. Ошондуктан депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында Толубаевдин ысымы атайылап жашырылып жатабы деп шектенгендер бар.

Улан Примов.
Улан Примов.

Бишкек ЖЭБиндеги окуяны иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов "бул маселе талкууга коюлуп, анан жыйынтыктоочу корутундуга киргизилет" деп ишендирди:

- Бизге Мамлекеттик бажы кызматы сатылып алынган жабдуулардын, буюмдардын жана материалдардын тизмесин берди. Ал жерде чынында эле баалар базар баасынан ашкере жогору көргөзүлгөнү аныкталды. Анан эми Толубаев боюнча маселе да сөзсүз түрдө көтөрүлөт. Ал кишинин да жоопкерчилиги каралса керек. Себеби Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору кабыл алынаарда ал киши ошол жерде жетекчи болгон. Ошол учурга чейин сууну химиялык тазалоо боюнча жаңы цех курулган эмес. Дагы бир цех курулбай калган. Бирок кабыл алуу актысы болгон. Ал кишиден кийин келген Узак Кыдырбаев бул маселени олутуу карап чыгып, ошонун аркасы менен химблокту азыркы учурда курууга мүмкүн болгону тууралуу маалыматтарды алдык. Кийин ал маалыматтар тиешелүү документтер менен тастыкталды.

Бишкек ЖЭБин модернизациялаш үчүн 2018-жылдын 1-февралына карата аткарылган иштердин жалпы көлөмү 360 миллион 445 миң долларды түзүп, 25 миллион 554 миң доллар калдык калган. Анын 19 миллион 300 миң доллары макулдашууга ылайык, кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөмү катары көрсөтүлсө, 6 миллион доллар жаңы химиялык блокту курууга калтырылган.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов корутундуда иликтөөдө табылган фактылар боюнча тиешелүү жетекчилердин баарынын атын атап, алардын ар биринин жекече жоопкерчилигин кароого каршы:

- Негизи биз бул иш боюнча тиешелүү кызмат адамдарынын аты-жөнүн киргизбей эле койсок болмок. Анткени биз кимдин кандай аракет кылганын жана алардын ишмердигин тергеп чыгып, баа бергидей тергөөчү эмеспиз да. Анан калса айрымдары кармалып, абакка отургузулуп жатат. Буга тиешелүү тергөө органдары баа бериши керек. Биз эми мындай, жалпысынан эле саясий баа берип, ошол жагына токтолушубуз зарыл. Анан бул макулдашууга кимдер кол койгону боюнча коомчулуктун талабын эске алып, ошого байланыштуу гана кээ бир адамдардын эле ысымдарын мисал келтирсек болот.

Чалкадан түшүргөн сандар

Депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоорунда азыр камакта отурган "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Узак Кыдырбаев "сууну химиялык тазалоо цехи курулбаган шартта жаңы объектини мамлекеттик кабыл алуу актысына кол койгону" көрсөтүлгөн. Узак Кыдырбаев 2017-жылы 3-июлда кызматка киришип, 6-июлда кытайлык ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, техникалык тапшырмада көрсөтүлүп, бирок кийин долбоорлоо документтерине кирбей калган химиялык блокту куруу маселесин көтөргөн. Анда тараптар цехтеги эски жабдууларды чыгарып, жаңы химиялык блокту курууга макулдашкан.

Узак Кыдырбаев 2017-жылы 7-июль күнү ушул жагдайды жана жумушчу комиссиянын актысын эске алуу менен объектини мамлекеттик кабыл алуу актысына кол койгон. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун 2017-жылы 5-июнда эле 45 адамдан турган жумушчу комиссия текшерип, "каралган көлөмдөгү иштер аткарылган жана жабдуулар ишке берүүгө даяр" деген чечим чыгарып берген. Алардын арасында Бишкек ЖЭБинин азыркы жетекчиси Воропаев да бар.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Парламенттин отун-энергетика комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев курулуш бүтүп, борбордун ачылышынан кийинки отчет таң калычтуу болгонун белгиледи:

- Бул жерде 45 адамдан турган жумушчу комиссия мамлекеттик кабыл алуу актысына кол коюлганга чейин анын баарын карап чыккан экен. Анан Толубаевдин тушунда жабдуулардын жана материалдардын эң көп траншы болуптур. Биз курулуш иштери жүрүп жатканда ага кийлигише алган эмеспиз. Себеби андай укугубуз жок. Иш бүткөндөн кийин барып, отчетун сурап, көрүп алып чалкабыздан кеттик да! "Кычкач 600 доллар, видеобайкагыч 14 миң доллар" деген алгачкы маалыматтарды ошол отчеттон алганбыз. "Мунун баары каяктан чыкты?" десек, эч ким жооп бере алган эмес. Бизде ошондон кийин шектенүү пайда болуп, ал акчаны булар келишип туруп, бөлүп алгандай сезилди. Анткени булар химблокту курдурбай туруп эле Бишкек ЖЭБинин ачылышын уюштурганга эмне үчүн шашылган деген суроо пайда болгон эле.

Бирок корутундунун долбооруна караганда ТВЕА компаниясы 12-июнда "Электр станциялары" ишканасынын Узак Кыдырбаевге чейинки жетекчиси Таалайбек Толубаевге ЖЭБдин ичиндеги сууну химиялык жактан тазалаган эски цехтин жарамдуулугун айтып, "жаңы химблокту куруунун зарылчылыгы жок" деп кат жиберген. Бул кат алышуунун түпкү максаты депутаттык комиссияга азырынча белгисиз. Ал эми убактылуу депутаттык комиссиянын башка бир мүчөсү Исхак Масалиев маселенин өзөгүн Кытай тарап менен кол коюлган келишимден көрөт:

- Мен бул жерде жоопкерчиликти башка жактан көрөм. Бул келишим үчүн ошол кездеги өкмөт башчы жана президент жооп берүүгө тийиш. Анткени алар мамлекеттин саясий жетекчилиги болгон соң, алардын саясий жоопкерчилиги болушу керек. Баштапкы сүйлөшүүлөрдү ошолор жүргүзгөн да. Анан эми каражаттын кандай сарпталышы боюнча маселеде, тиешелүү министр же болбосо "Электр станциялары" ишканасы сыяктуу мекемелердин ошол кездеги жетекчилери - болгону аткаруучулар гана. Буга Ак үйдөн көрсөтмө берилген. Жакшылап иликтесек, анын куйругу ошол жактан чыгат.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламенттин тиешелүү комитеттеринин айрым эскертүүлөрү менен 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ал макулдашууну колдоп буйрук чыгарып, финансы министри Ольга Лавровага кыргыз тараптан насыя макулдашуусуна кол койгонго ыйгарым укук берген.

Кытайдын "Эксимбанкы" 386 миллион доллар насыяны 2 пайыздык жеңилдетилген шартта, 20 жылга Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого берген болчу.

Сатыбалдиев: ЖЭБдеги абал үчүн жооптуу эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Англияда русофобия күчөдү

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (16-23-апрель)

Кыргызстанга келип, студенттер менен жолуккан Нобель сыйлыгынын лауреаты, түркиялык окумуштуу Азиз Санжар "Илим жана улуттук өнүгүү" аттуу илимий конференцияга катышканын түрк басылмалары да жазышты.

Азиз Санжар дүйнө жүзүндөгү түрк тектүү илимпоздор биргелешип түрк дүйнөсүн өнүктүрүшү керектигин айтты. "Anadolu" агенттиги Азиз Санжардын кайрылуусун жарыялады: "Теңир тоону көрүп, көзүмө жаш алдым. Батышка түркиялык эң акылдуу илимпоздор кетип жатат. Эми кезек түрк тилдүү өлкөлөргө жетти. Айланайындар, саясатты чукулабай, илим менен алектенгиле. Өнүккөн өлкөлөрдө акысыз билим алуу өтө кыйын. Бизде болсо билим берүү акысыз. Ушул мүмкүнчүлүктү болушунча пайдалангыла. Өзүм элден башкача акылдуу деле эмесмин. Болгону көп иштейм. Эмгектин үзүрү кайтат деп ишенем. Студент кезимде күнүгө 18 саат, аптасына жети күн иштечүмүн. Азыр 71 жашка толдум, күнүгө 12 саат, алты күн иштейм. Ийгилик оңой эле келбейт. Чыныгы эгемендикти өзүбүз жараткан технология, илим менен гана камсыз кыла алабыз".

Азиз Санжар 2015-жылы Томас Линдал жана Пол Морич менен кошо ДНКнын калыбына келүү механизми боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, үчөө тең Нобель сыйлыгына татыган.

"Жибек жолу Борбор Азияны өнүктүрбөйт"

"Economist" журналы 2013-жылдан бери Кытай лидери Си Цзинпин демилгелеп келаткан "Бир жол - бир кемер" долбоору Борбор Азиядагы өлкөлөр үчүн пайдалуубу деген суроого жооп издеген.

"21-кылымдын Жибек жолун куруш үчүн Кытай триллион долларлык инвестицияны салганы менен Борбор Азияга пайдасын кылдат иликтеш керек. Польшадан Пакистанга чейинки аймактагы 71 өлкөгө жалпысы 900 миллиард доллар карыз берип, көптөгөн инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда. Казакстанда ири соода порту, Азербайжандагы Каспий жээгине көлөмдүү деңиз порту курулду.

Ошондой эле Кытайдын бул "капчыктуу" долбоорунан Баку-Тбилиси-Карс темир жолу аркылуу Грузия да пайда тапкысы келет. Бирок Кытайдын соода жолу аймагынан өтө турган мурдагы советтик өлкөлөрү киреше табаары күмөн. Себеби транзиттик өлкөлөрдүн инфраструктурасын оңдоого Кытай чоң суммадагы карыз бергени менен, жергиликтүү элди ишке тартпай, өз жарандарын алып барууда. Өз товарын дүйнө базарына алып чыгууда Кытай сөзсүз түрдө арзан жолдорду издейт.

Буга кошумча азыр сансыз карыз алып жаткан жол боюндагы жакыр өлкөлөрдүн карыз кайтаруу мөөнөтү келгенде Кытай менен ымала кандай нукка бурулары белгисиз. Заманбап Жибек Жолу байыркы төө кербендери учурундагы Борбор Азия элдерин байыткан деңгээлге жете албайт", - деп баяндайт Economist.

Лондондо орустарга карата маанай начар

"Washington Post" гезити Британиядагы орустардын азыркы абалын бир нече орусиялык көчмөндүн мисалында талдаган. Адатта Англияга көчүп барган орустарды акчасы көп олигарх, өлкөсүндөгү саясий режимден качкан мурдагы чиновник катары көрүшөт. Бирок алардын арасында карапайым такси айдоочусу, бала багуучулар да бар.

"Орустардын баары эле Британиянын футбол клубун сатып алчу миллиардер эмес" деген авторлор Уильям Буз менен Карла Адам мурдагы тыңчы Сергей Скрипалдын уулануусунан кийин өлкөдө "орус фобиясы" күчөп баратканын белгилешет.

"Орустар кытайларга салыштырмалуу колунда болгон байлыгын жаап-жашырбай, элге мактана беришет. Ушундан улам британиялыктардын көбү аларды олигарх деп ойлошот. "Эхо Москвы" радиосунун Лондондогу кабарчысы Тония Самсонова азыр британиялыктар орустарга "өлкөсүнүн саткынчылыры" сыяктуу мамиледе деген пикирде. Скрипалдын уулануусунан кийин лондондуктар кабарчыдан "Эмнеге орустар бири бирин өлтүрө берет?" деп көп сурашкан. Жакында эле Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон элди "русофобиядан" алыс болууга үндөдү", - деп жазат "Washington Post".

Өлүм жазасы педофилдерди токтотобу?

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди 12 жашка толо элек балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу жөнүндө мыйзамды сунуштады. Мындай чечимди ал сегиз жаштагы кыз зордукталгандан кийин кабыл алганын "The Guardian" басылмасы жазат.

Январда Кашмир провинциясында сегиз жаштагы Асифа Бано аттуу кыз уурдалып, зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер секелекти беш күн бою кыйнашып, акырында таш менен өлтүрүшкөн.

Өткөн жумада Уттар Прадеш провинциясынын парламентинин мүчөсү Кулдип Синг Сенгар агасы менен 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, камакка алынды. Ага чейин кыздын үй-бүлөсү бир нече ай бою алардын камалышын талап кылып келген. Мындан майнап чыкпагандан кийин зордукталган кыз полиция имаратынын алдында өзүнөрттөп жиберген. Модинин бул окуяларга байланыштуу катаал чечим кабыл албаганы калкты нааразы кылып, аялдар басымдуулук кылган миңдеген демонстранттар көчөгө чыгышты. Ал эми Делинин Аялдар боюнча комиссиясынын төрайымы Суати Малиуал ачкачылык жарыялады.

Бирок "Amnesty International" уюмунун Индиядагы өкүлү Асмита Басу өлүм жазасы бул көйгөйдү чечпей турганын, балдардын өмүрү коркунучта экенин айтат.

2016-жылдагы эсеп боюнча Индияда 40 миң зордуктоо фактысы катталган. Кылмыштардын 40 пайызы балдарга карата жасалган. Бул өлкөдө он жылдан бери зордуктоо боюнча 1,6 миллион кылмыш ишинин жүзү ачылбай келатканын "The Guardian" маалымдады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Апта: Исаковдун кетиши, Саргсяндын келиши

Президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков.

Кыргызстанда ушул жумада Сапар Исаков жетектеген өкмөт отставкага кетип, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы өкмөт бийликке келди. Бул экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамлекет башчы Соронбай Жээнбековдун ортосундагы тирештин бир сыйра жыйынтыкталышы катары каралууда. Ал Сооронбай Жээнбековдун президент катары ордун дагы бекемдеп, бирок өлкөдөгү иштерге жоопкерчилигин мурдагыдан да күчөттү.

19-мартта Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен парламенттеги азчылыктын өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти. Парламенттин чечими боюнча президенттин жарлыгы да көп күттүргөн жок. Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка парламенттин чечими чыккандан кийин дароо кол койду.

Ушул эле сааттарда КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" кирген парламенттеги көпчүлүк коалицияга “Республика – Ата Журт” фракциясы кошулганы белгилүү болуп, алар премьер-министрликке президенттик аппаратты жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуштап жиберди.

Окуялардын чагылгандай тез өнүгүшү Сапар Исаков үчүн да күтүүсүз болгондой. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өнөктөштөрүнүкү делген “Апрель” телеканалына кечкурун берген маегинде парламентти “саясий өлүк” деп сындады:

- Депутаттар тарабынан кандайдыр бир таптакыр принципсиздик болду. Ар адамда, саясатчыда принцип болушу керек. Эгер саясатчы же партия бир позицияны айтса, аягына чейин ошону карманышы керек. Эмне үчүн чукул эле мындай болуп кеткени мага абдан түшүнүксүз болуп калды. Балким катуу айтып аткандырмын, бирок сыягы биздин парламент – Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат окшойт.

17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыкты түзгөн “Ата Мекен", “Республика - Ата Журт” жана "Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалаган. Анда негизги талкуу Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, Бишкек ЖЭБиндеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болгон. Өкмөттүн отчетун буга чейин коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары карап, экөө тең оң баа берген. Бирок 19-апрелдеги добуш берүүдө коалиция да өкмөттү кетирүү үчүн добуш берди.

Социал демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул чечимди мындайча түшүндүрдү:

- Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин туруктуулугу турат. Мындай кырдаалда бири-бири менен тирешкени ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси. Биз парламент президент менен өкмөттүн ортосунда туруп, өз позициябызды билдирбесек, элдин алдында туура эмес болот. Бул жерде бир адамдын кызыкчылыгы болбошу керек. Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса - бул, ачык айтканда, чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан колдодум.

Он күндөй мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин орун басарлыгынан өз арызы менен бошогон Болот Сүйүмбаевди Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына 16-апрелде жетекчи кылып дайындаган. Бирок экс-премьер өкмөттүн кызматтан кетирилишин Сүйүмбаевди дайындаганына байланыштырбайт:

- Конституция боюнча ишенбестик көрсөтүлгөндөн кийин президент парламенттин сунушун же колдойт же четке кагат. Сооронбай Шарипович депутаттарды колдоду. Менимче, эми президент өлкөдөгү бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Мындан ары боло тургандын баарына президент жооп берет. Балким бул жакшыдыр. Убакыт көрсөтөт.

Сапар Исаков баштаган өкмөттүн сегиз айлык иши боюнча териштирүү жүргүзүү демилгелери да көтөрүлдү.

Ал эми Жогорку Кеңештеги жыйында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Кумтөр” ишканасы боюнча соңку келишим өкмөттүн кечирилгис катасы болгон деген оюн айткан:

- 7 миллиард сомду биз сотту утуп экология боюнча өндүрүшүбүз керек эле. Андан сиздин өкмөт баш тартты. Бул кыянаттык. Сиздин өкмөттүн убагында биздин “Центеррадагы” үлүшүбүз 6% азайды. Муну силер эч кандай тана албайсыңар. “Центеррадагы” ал боюнча добуш берген биздин мүчөлөргө чара көрүлгөн жок, демек, ал силердин макулдук менен болгон.

Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийликке келген, анын ишин жана саясатын улантат делген негизги адамдардын бири болчу. 40 жаштагы Исаков - экс-президент төрагалык кылган КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү.

Буга чейин Атамбаевдин негизги кызматтагы кадрлары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан бошотулган. 20-апрелде жаңы өкмөттүн шайланышы менен президент Сооронбай Жээнбековдун позициясы дагы бекемделди.

Азыркы жана мурдагы президент: салкындаган мамиле

Былтыр октябрь айындагы шайлоодо утуп чыккан президент Сооронбай Жээнбековду социал-демократтар партиясы сунуштаган. Шайлоо өнөктүгү учурунда анын пайдасына “президент Алмазбек Атамбаев өзү кошо үгүт жүргүздү, административдик ресурс колдонулду” деп, жарандык активисттер жана оппозиция билдирдүүлөрдү жасаган.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь, 2017-жыл

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда пикир келишпестик жаралганы жаңы жылдан бери айтылып келип, бир ай мурда ал даана ачыкка чыккан. 31-марттагы Социал-демократтар партиясынын курултайында анын төрагалыгына шайланган Алмазбек Атамбаев Жээнбековду өзү президент кезинде жасаган иштерди улантпай жатат деп сындаган.

- Президенттин аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, "Таза коомдун" негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен бул кандайча болуп кетти десем, ал "аппаратыма өтө ишенип алыпмын" деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет. Биз ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйыны тууралуу сүйлөштүк. Ал жерде да мен ага башка сөздөрдү айттырганын далилдеген фактыларды келтирдим. "Атамбаев соңку үч жылда коррупция менен күрөшкөн эмес" деген сөздөр болду. Эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган. Мисалы, 800 миллион сомдук кошумча нарк салыгын төлөбөй келген схема былтыр апрелде башталган, Сегизбаевге тапшырма берилген. Эми азыр аларга айып тагылды.

Атамбаев: Мен айтпасам, ким айтат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:13 0:00

7-апрелдеги сөзүндө Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү дагы күчөтөрүн жарыялаган. Анын бул сөздөрү коомчулукта Атамбаевге жооп катары да кабыл алынган:

- Буйруса мен мунун аягына чейин чыгарып берем. Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби процесс - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет. Бирок бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат. Ошого карабай аягына чыгарып берем. Биз бул боюнча күч кызматтары менен тынбай иштеп жатабыз.

Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын кызматтан алынышын, анын ичинде өкмөт башчы Сапар Исаковдун, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин, ички иштер министри Улан Исраиловдун ордуларынан бошотулушун жарандык коом колдоп жатат.

Бул аралыкта активисттерге, массалык маалымат каражаттарына, саясатчыларга Атамбаевдин учурунда козголгон кылмыш иштеринин айрымдары жумшарып же өкүмдөрү кайра каралып жатат. Коомдук ишмер Равшан Жээнбеков эл президентти колдоодон тышкары жаңы реформаларды талап кылышы керек деп эсептейт:

- Атамбаевдин кетиши элге кандайдыр бир эйфория алып келди. Бирок биз бир нерсени так билишибиз керек. Акаевден кийин Бакиевдин келиши өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Бакиев кетип Атамбаевдин президент болушу да өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Атамбаев кетип Жээнбековдун келиши да өзгөрүү алып келбеши мүмкүн. Эл муну так билиши керек. Ошондуктан коом, саясатчылар, жарандык лидерлер эйфорияга түшпөстөн, президенттен эки-үч багыттагы реформаларды талап кылышыбыз керек. Биринчиси – баарыбызды кыйнап бүткөн сот системасы, экинчиси – жалпы укук коргоо органдарынын реформасы.

Бир күндө куралган өкмөт

Жогоруда айтылгандай, 19-апрелде Сапар Исаковдун өкмөтүн кызматтан кетирген Жогорку Кеңеш 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн, ал сунуштаган түзүмдү жана курамды колдоп берди. Бирок анын курамынын кеминде элүү пайызын Сапар Исаковдун өкмөтүндөгү адамдар түздү. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жаңы курамды "эски өкмөт" деп сындады:

- Балдардын өкмөтү бат эле кетти, эми чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келатыптыр. "Жаңы өкмөт" деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң "б\у өкмөт" келиптир. Аймактык тең салмактык керек эле. Эмне үчүн бир да таластык жок? Мага азыркы жаңы өкмөттүн курамы да, курагы да купулума толгон жок. Талапкерлердин көбүнүн буга чейинки жумуштары анчейин алкоого арзыбайт.

Жаңы курамдын "бир түндө даяр болду" деп сындалып жаткан программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталды. Депутаттардын суроолоруна жооп берген Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы өкмөт артыкчылык бере турган багыттарга токтолду:

- Өкмөттүн алдында экономикабызды атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай жана улуттук бизнес менен чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу болгондой кылып өнүктүрүүгө байланышкан эң бир маанилүү милдет турат. Коомубуз менен бизнес фискалдык органдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен тажап бүттү. Эми бизнес жүргүзүү менен инвестициялардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө көңүл бурулат. Өкмөттүн бизнес менен жигердүү жана конструктивдүү диалогу калыбына келтирилет. Мамлекетте бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү зарылдыгы жөнүндө көптөн бери эле сөз болуп келе жатат.

Жаңы команда 22 кишиден турат, анын төртөө аялдар. Биринчи вице-премьер-министр 2010-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келген Кубатбек Боронов болду. Андан кийинки үч вице-премьер-министр бири Замирбек Аскаров буга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп турган. Жеңиш Разаков президенттин кеңешчиси, Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2016-2017-жылы вице-премьер-министр болуп иштеген. Дагы бир вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты болчу.

Коомдук ишмер Амангелди Муралиев өкмөт курамына мындайча баасын берди:

- Бул өкмөттүн курамында ар кайсы партиялардын талапкерлери, кадрлары бар экен. Албетте, тажрыйбалары бар кишилер, мурдагы жаш өкмөткө караганда түзүгүрөөк, бирок күчтүү команда чогулду деп айта албайм. Абылгазиевди деле премьер-министрлик кызматка толук ылайыктуу деп эсептебейт элем. Ошондуктан мен бул өкмөттү жөн гана компромисттик вариант деп айта алам. Булар эми кызматтан кеткен өкмөттөн айырмаланып элге жакыныраак иш алып барышса болгону. Жаңы өкмөттүн негизги милдети - экономиканы өнүктүрүү, кайра иштетүүнү жандандыруу, жумуш орундарын түзүү маселелерин карашы керек. Экинчиден, өндүрүшкө жана айыл чарбасына түздөн-түз инвестицияларды тартууну күчөтүшү керек. Коррупцияны кыскартышы керек. Анан социалдык проблемалар, мектептерди куруу, ооруканаларды оңдоо жана башка маселелерди алар ансыз да жасоого милдеттүү.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков реформатор өкмөт түзүү керек эле дейт:

- Биз билген нерселер кайта кайталана баштады. Президент Атамбаев деле парламентти өзүнө менчиктеп алган. Парламент толугу менен президенттик администрациянын айтканын гана аткарчу. Азыр деле ошол нерсе башталды. Бул биринчи көрүнүш. Экинчиден, президент Атамбаев өкмөттү өзүм башкарам, өкмөттөгү кадрларды өзүм чечем деп, өз администрациясынын башчысын премьер-министр кылчу. Азыр да ошол көрүнүш башталып жатат. Эгер ушул көрүнүштөрдү эске ала турган болсок, анда биз күткөн үмүттөр акталган жок. Мындан тышкары, мурдагыдан да алсыз өкмөт түзүлдү. Реформа жасоого жараксыз, ал колдорунан келбей турган адамдар келди.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кыргызстан эгемендик алган 27 жыл ичинде баш-аягы 30 өкмөт алмашты. Исаковдун өкмөтү Кыргызстандын тарыхында ишенбестик көрсөтүү жолу менен кызматтан кеткен экинчи өкмөт болуп калды деп баа берилүүдө.

Армениядагы толкундоолор

Ереванда экс-президент Серж Саргсяндын өкмөт башчы болуп шайланышына каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары уланып жатканына он күн болду. Тынч жыйындар менен башталган акциянын жүздөгөн катышуучуларын, анын ичинде активисттерди, айрым оппозиция лидерлерин полиция кармады. Оппозиция өкмөт башчылыкка шайланган мурдагы президент бийликти узурпациялап алды деп айыптап жатат.

9-апрелде кызматына киришкен Армениянын жаңы президенти Армен Саркисян демонстранттар менен полиция кагылышып кетип, жүздөгөн киши кармалгандан кийин тараптарды сүйлөшүүгө чакырды.

Миңдеген адамдарды оппозициячыл депутат Никол Пашинян баштап жүрөт. Ал 20-апрелде Еревандын Республика аянтында бийлик менен сүйлөшүү мезгили өтүп кеткенин айтып, бирок айрым маселелерди, анын ичинде Серж Саргсяндын отставкасынын мөөнөтүн жана шартын сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Пашинян өкмөттү алмаштыруунун планын да жарыялады. Анда Саргсянды премьер-министрлик кызматтан кетирүү жана убактылуу өкмөт түзүү маселеси камтылган.

Армения оппозициясы нааразылык акцияларын тынч жүрүштөр деп атап жатат. Бирок ошол эле кезде алар Серж Саргсянга, анын бийликтеги Республика партиясына каршылыгын жолдорду жаап, мамлекеттик мекемелердин эшигин тосуп, ишин үзгүлтүккө учуратуу менен билдирүүдө.

Армения: экс-президентке каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Еревандын Республика аянтына чогулган 10 миңдей кишинин алдында сүйлөгөн депутат Никол Пашинян "нааразылык акцияларын улантыш керек" деп, жолдорду, мамлекеттик мекемелерди тосууга үндөдү:

- Биз акциябызды улантабыз. Бул тынч нааразылык акциясы. Биз полицияны Серж Саргсянды коргобоого чакырабыз. Анткени, полиция Серж Саргсяндыкы эмес, ал Армения элинин полициясы.

Нааразылык акцияларына карабай, Армениянын парламенти мурдагы президент Серж Саргсянды премьер-министрликке 17-апрелде бекитти. Анын талапкерлигин бийликтеги өзүнүн Республикалык партиясы сунуш кылып, добуш берүүдө 76 депутат колдоп, 17си гана каршы чыкты.

Серж Саргсян парламент жыйынына келген учур. 17-апрель, 2018-жыл
Серж Саргсян парламент жыйынына келген учур. 17-апрель, 2018-жыл

Оппозициячы Никол Пашинян “Серж Саргсян - Армениядагы коррупциянын символу” деп атады:

- Мен муну куурчак шайлоо деп эсептейм. Анткени Серж Саргсянда эч кандай элдик колдоо жок. Мен апырткым келбейт, бирок Армения эли Серж Саргсяндын режиминен кутулууну каалап турат. Биз күч колдонбогон, элдик, баркыт революциясын жарыяладык. Биз элдик комитет түзүүнү көздөп жатабыз. Мамлекеттик мекемелердин ишин Саргсяндын көрсөтмөсүн эмес, алар Элдик комитеттин айтканын аткарганга чейин үзгүлтүккө учуратабыз. Армения бийлиги эмнеси менен айырмаланат? Ал өзүнүн элин орой түрдө сыйлабастыгы менен айырмаланат. Мен жаңылып жүрүптүрмүн, булар элди эл эмес эле, коррупция үчүн бир уюмдай көрүшөт экен. Азыр эл ойгонуп, Серж Саргсяндын режиминен кутулууну каалаарын жана буга жетише ала турганын айтып жатат.

Премьер-министр Серж Саргсян өкмөт башчы катары өткөрө турган биринчи жыйынын кырдаалдан улам бир нече саатка артка жылдырууга да аргасыз болду. “Азаттыктын” армян кызматынын башчысы Гарри Тамразян нааразылык акциялары тууралуу мындай дейт:

- Нааразылык акциясынын катышуучулары өкмөт башчы болуп шайланган Серж Саргсянды кызматтан кетирүүгө жетишебиз деп чечкиндүү туруп жатышат. Экинчиден, биз көрүп жаткандай, бийликте көп ресурс бар, административдик ресурс, полиция, аскерлер бар. Полиция Никол Пашинян жана анын тарапкерлери мыйзам бузуп жатат деген көз карашын билдирип жатат. Пашиняндын депутаттык кол тийбестиги бар. Бирок Армениянын мыйзамы боюнча, полиция аны 72 саатка камап койо алат. Ушул аралыкта парламент кол тийбестиктен ажыратуу же ажыратпоо маселесин чечип бериши керек. Ушул убакка чейин студенттер, активисттер, акциянын катышуучулары кармалды.

Ереван. 21-апрель, 2018-жыл
Ереван. 21-апрель, 2018-жыл

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле. Конституция боюнча премьер-министр өлкөдөгү биринчи адамга айланган жана бир адам өкмөт башчылыкка бир канча жолу шайлана алат. Ал эми президентти мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлайт. Армениянын жаңы президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен.

Глобализация жана аймактык кызматташтык аналитикалык борборунун директору Степан Григорян Армениянын борборундагы абалды мындайча сүрөттөдү:

- Сөзүмдүн башында эле көптөр массалык акциялары мынчалыкка өсүп жетет деп ойлошпогонун айтып кетейин. Оппозиция Серж Саргсяндын мамлекет башчылыгына шайланышына каршы туруу маселесин көптөн бери эле көтөрүп келе жатат. Бирок буга чейин митингдерге чектелген сандагы адамдар келчү. Сиздер окуялардын масштабын аңдап-түшүнүш үчүн айта кетейин, азыр кеминде он миңдеген адам чогулуп жатат. Еревандын борбору абдан кенен. Бүт шаарда кыймыл чектелип жатат, бирок шаардын борборунда толук кыймыл токтоду.

Григоряндын айтканына караганда, эл Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана буга чейинки парламенттик шайлоо ачык-айкын жана калыс өткөнүнөн күмөн санашат. Элдин жапырт көчөгө чыгуусуна бир канча жылдан бери топтолуп калган ичкүптү себеп болуп жатат дейт ал:

- Бизде президенттик шайлоолор атаандаштыкта өтүп келген салт калыптанып калган. Арменияда кандайдыр бир эркиндик, демократиялык институттар түзүлгөн. Анан эле эч кандай харизмасы жок адамдар авторитаризмге түртүп баштады.

Элди баштап жүргөн оппозиция лидери, депутат Никол Пашинян Еревандан тышкары өлкөдөгү экинчи ири шаар болгон Гюмриде, ошондой эле Ванадзор, Иждеван, Капан, Мецамор шаарларында да жүздөгөн студенттер, карапайым эл чыкканын билдирди. Саясат талдоочу Степан Григорян нааразылыктардын төркүнүн мындайча түшүндүрдү:

- Биринчи доомат - кулач жайган коррупция. Экинчиси - ушундай начар башкаруунун айынан Армениядан көбү чыгып кетишти. Үчүнчү доомат - анын туугандары өлкөнү башкарып жатышат. Ал туугандарына орден-медалдарды берип жатат. Эң негизгиси - армян эли бир кишини үчүнчү жолу өлкө башчысы катары көргүсү келбей жатат.

Элдик толкундоолорго негиз болгон Серж Саргсян 2008-жылдан 2018-жылга чейин Армениянын президенти болуп турган. Анын партиясы парламентте көпчүлүк орунду ээлейт. Саргсян Конституция жана мыйзамдар боюнча партиясы аны өкмөт башчылыкка сунуштай алаарын, мында эч кандай мыйзам бузуу жоктугун билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Кореядан тооруган кырсык, эне күткөн кенемте"

Төлөгөн Мураталиев кырсыкка чейин.

Түштүк Кореяда алты жылдан бери эмгектенип жүргөн журтташыбыз Төлөгөн Мураталиев былтыр жайында квадроцикл минип кырсыктап, оор жараат алган. Апасы Гүлазия Исраилова квадроциклди ижарага берген компания баласына кенемте төлөп берүүдөн баш тартканын айтууда. Ал ошондой эле "консулдук да кандайдыр жардам өндүрүп берүүгө жардам бербей жатат" деп нааразы. Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги болсо бул окуя боюнча колунан келген жардамын көрсөткөнүн билдирди.

2017-жылдын жайында Төлөгөн Мураталиев үч досу менен шаар сыртына эс алганы барат. Оюн-күлкүгө тойбогон балдар кокустан "квадроцикл ижарага берилет" деген жарнаманы көрүп, аны да айдап көрмөк болушат.

Төлөгөн Мураталиевдин апасы Гүлазия Исраилованын айтымында, балдардын экөө ижарага берчү жайга кирип, тиешелүү кагаздарды жакшы окубастан эле кол коюп, квадроциклдерди бир нече саатка ижарага алышкан жана аларга коопсуздук техникасын эч ким түшүндүрүп берген эмес.

Кайсы жолдор менен айдаш керек экенин көрсөткөн карта берген эмес. Ал жолдордо эч кандай тиешелүү белгилер да болгон эмес.

- "Кеттик, кеттик" деп эле квадроциклдарды минип чыгып кетишет. Болгону сыртка чыгаарда "кайсы тарапты көздөй айдайбыз" дешкенде ошол берген адам колу менен эле жаңсап, "ушул тарапка айдай бергиле" деп айткан. Кайсы жолдор менен айдаш керек экенин көрсөткөн карта берген эмес. Ал жолдордо эч кандай тиешелүү белгилер да жок болгон. Буту-колуна, тизелерине, чыканактарына бекитилчү калкандарды берген эмес. Башына каска берген, бирок беттери ачык болгон.

Гүлазия Исраилова кошумчалагандай, балдар чыкканы 15-20 мүнөт өтпөй уулу Төлөгөн жол боюндагы, тереңдиги 2-2,5 метрге жеткен аңга түшүп кеткен. Квадроцикл анын үстүнөн басып калган. Эненин айтымында, ал жердеги чөптөр узун болгондуктан аң бар экени да көрүнгөн эмес. Досун өз күчү менен алып чыгалбасын сезген балдар дароо тиешелүү кызматтарды чакыртышат.

- Тез жардам менен ооруканага алып келатып, жолдон оозунун ичиндеги айрылып кеткен эттерин тигишкен экен. Ошондо 16 тигиш салыныптыр. Эки буту тең сынган жана тизесиндеги томугу толугу менен жарабай калган, майдаланып кеткен. Оң жак колу ийнинен сынган. Сол жак бети толугу менен жабыркап, аны калыбына келтирүүдө сөөктөрү жетпей калып, жасалма материал менен толукташкан. Бир жагында азуусуна чейин тиштери бүт талкаланган. Көзүнө да операция жасалды.

Төлөгөн кырсыктаган жер.
Төлөгөн кырсыктаган жер.

​Ошентип баласынын өмүрүн тилеп, эне тиешелүү тараптарга кайрылганга да чамасы жеткен эмес. Биринчи операциясына эле 18 миң доллар төлөйт. Квадроциклды ижарага берген компания кенемте төлөөдөн кырсык болгондо эле баш тарткан.

Гүлазия Исраилова бир айдан кийин гана элчиликке чалып, өз арманын айтып, акыбалын түшүндүрөт. Анын айтымында, консулдук алгач бул ишти Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарга жардам берип жүргөн Асылгүл аттуу айымга тапшырат. Асылгүл кагаз иштерин которушканга жана башка майда жумуштарды бүтүргөнгө жардам берет.

Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы Төлөгөндүн окуясы менен башынан кабардар экенин айтат:

Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы.
Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы.

- Былтыр 2017-жылдын 6-июль күнү диаспоранын өкүлдөрүнөн уктум. Дароо эле энеси менен байланыштым, акыбалын сурасам, ооруканада жатканын айтты. Жардамымды сунуш кылдым. Бир айдан кийин Гүлазия айым бизге чалып, квадроциклди ижарага берген компаниядан кенемте өндүрүп берүүгө жардам берүүнү суранды. Мен ал компаниянын жетекчилери менен байланышсам, алар баш тартышты. Кырсык болгон кезде жанында болгон балдар менен сүйлөшүп, чоо-жайын тактадым. Андан кийин Адам укуктары жаатындагы маселелер боюнча мамлекеттик корпорацияга элчиликтен расмий түрдө кайрылуу жасадык. Алар "Кореянын мыйзамынын алкагында ишти чечип беребиз" деп макул болушту.

​Ошентип ортодон сегиз ай өткөн соң ал мекеме далилдердин жетишпестигинен улам ишти жаап, документтерди Гүлазия Исраилованын колуна тапшырган. Ал ошондон бери ар бир документти котортуп, ары-бери жүргөнгө эле бир топ каражаты кеткенин айтууда.

- Бирок ага чейин эле укук коргоочулар "кенемте түгүл дарыланууга кеткен медициналык чыгымдардын 50 пайызын гана өндүрүп бере алабыз" дешти. "Кийинчерээк андан да ылдый түшөт" дешти. Ага да макул болдум. Ошол маалда менин жалпы чыгымым 24 миң долларга жеткен. Акырында документтерди колума тапшырып, "үч жылдын ичинде далилдер табылса кайрылсаңар болот" дешти.

Төлөгөндүн апасы Гүлазия Исраилова.
Төлөгөндүн апасы Гүлазия Исраилова.

​Түштүк Кореяда мыйзамсыз эмгектенип жүргөн Гүлазия аргасы калбай калганын, консулдук кенемте өндүрүп берүүнүн ордуна анын мүшкүлүнө көңүлкош мамиле кылганына нааразы. Ал уулуна дагы операция жасаларын кошумчалады. Ал эми консул Нурзат Саякбай кызынын да өз жүйөсү бар.

- Кореяда мыйзамдар катуу иштейт. Мыйзамсыз жүргөндүгүнө карабастан бардык чет өлкөлүк жарандар укуктарын коргой алышат. Бул жерде иш учурунда кандайдыр жараат алса, мыйзамсыз жүрсө да ошол жумуш берүүчүдөн кенемте төлөтүп ала алат. Бирок бул жерде окуя көңүл ачуу маалында болгондуктан төлөтүп алуу кыйынчылыкты жаратты.

Бул жерде окуя көңүл ачуу маалында болгондуктан төлөтүп алуу кыйынчылыкты жаратты.

Биз тиги мамлекеттик корпорация ишти жаап койгондо, өзүбүз мыкты юридикалык компанияга кайрылып, укуктук экспертиза алып бердик, анан адвокат таап, кызмат акысын арзандатып сүйлөшсөк Гүлазия айым "акча төлөй албайм" деп жатат. Элчилик, тилекке каршы, арзандатууга эле жардам бере алат. Биз анын акысын төлөп бере албайбыз.

Өкмөткө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев консулдук кандай болгон күндө да жардам бериши зарыл экенин айтып, бирок алардын жумушунун оордугун да эстен чыгарбаш керектигин билдирди:

- Эгер биздин жарандын укугу бузулган болсо, консул деген - бул ошол жактагы кыргызстандыктардын укук коргоочусу. Эгерде жарандарды мыйзамсыз кармашса, сөзсүз консул аралашууга тийиш. Алардын деле жумушу оор. Күн сайын канчалаган адамдар келет?

Гүлазия Исраилова болсо "ушунча убакыт жана акча кеткенден кийин адвокатка төлөгөнгө акчам жок" деп түтөйт. 2011-2015-жылдары Түштүк Кореядагы элчинин кеңешчиси болуп иштеген Бакыт Исаев учурунда мыйзамсыз эмгектенип жүргөн мигранттарга тийиштүү жардам көрсөтүп келген. Ал бул окуяда деле маселени чечүүнүн жолун тапса болот деген ишеничте.

Жабырлануучуга ошол камсыздандыруучу компания төлөп бериши зарыл.

- Ал жактын мыйзамы өтө күчтүү. Адам укуктары абдан сакталат. Мыйзам бузуп жүргөндөрдүн камсыздамасы жок. Бирок эгер ошол мигрант мыйзамдуу жүрөбү, мыйзамсыз жүрөбү, бир компаниядан жабыркаса - сөзсүз кенемте төлөтүп алса болот. Ал эми бул окуяны алсак, ошол квадроциклди ижарага берген компаниянын сөзсүз камсыздамасы болушу керек. Анткени квадроцкилди ижарага берүүдө кооптуу кырдаал жаралышы мүмкүн. Андыктан ал ишкана 100 пайыз камсыздандыруучу полиске катталган. Ошондуктан жабырлануучуга ошол камсыздандыруучу компания төлөп бериши зарыл. Тиешелүү уюмдарга кайрылыш керек да.

Гүлазия айым өзү 11 жылдан бери Түштүк Кореяда ар кандай жумуштарда иштейт. Уулунун барганына алты жыл болгон. Расмий маалымат боюнча, Түштүк Кореяда каттоодо турган кыргызстандык жарандардын саны 3776 адамды түзөт. Расмий эмес маалыматтарга караганда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын саны 600 адамдын тегерегинде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Экс-президенттерге кол тийбестик керекпи?

Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.

"Прецедент" өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов мурдагы мамлекет башчыларынын кол тийбестик укугун чектөөнү сунуш кылды.

Буга байланыштуу ал "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамындагы "экс-президент мамлекетти жетектеп турган учурдагы аракеттери же аракетсиздиги үчүн ага кылмыш иши козголуп, суракка чакыртылып, тинтүүгө алынып, кармалып жана камакка алынышы мүмкүн эмес" деген ченемдин Баш мыйзамга туура келер-келбесин териштириш үчүн Конституциялык палатага кайрылды.

Кол тийбестиктин чексиздиги

"Прецедент" өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги боюнча укуктук ченемдин Баш мыйзамга шайкештигин аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылды.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Ал аталган мыйзамда экс-президент мамлекетти жетектеп турган кездеги жана андан кийинки жасаган жорук-жосундары үчүн жооп бербей турган чексиз укукка ээ болуп калганын териштирүүнү талап кылып, мындай кол тийбестик укук Баш мыйзамга каршы келерин билдирди.

- Мыйзам боюнча экс-президенттин кол тийбестиги бар. Бирок ал деген абсолюттук укук болбошу керек. Экс-президент бийликте турган кезинде жасаган кылмыштары же кийинки бир кылмыш кылса да аны эч ким жоопко тарта албайт экен. Аны суракка чакырганга да болбойт. Эгерде экс-президент бийликтен кеткенден кийин анын бир олуттуу мамлекеттик кылмышы ачылып калса, бирок аны суракка алууга мүмкүн болбосо, анда анын жоопкерчилиги каралбай эле кала бериши керекпи? Ошол эле кезде Конституцияда бардык жарандардын укугу бирдей экени көрсөтүлгөн. Ошондуктан мен экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугу Баш мыйзамга каршы келет деген негизде тиешелүү документтерди чогултуп, кайрылдым.

Юрист Нурбек Токтакунов негизи кол тийбестик кепилдиги экс-президентти кийинки кара өзгөй куугунтуктан коргош үчүн чыгарылганын айтып, бирок ал президент кезинде жана андан кийин жасаган кылмыштары же жорук-жоосундары үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн амалы болуп калбашы керектигин белгиледи.

"Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде экс-президентти кылмыш жообуна тартууга, кармоого, камакка алууга жана суракка чакырууга болбой турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын турак жайын тинтүүгө, кат алышуусун ачууга же сүйлөшкөн сөздөрүн тыңшоого тыюу салынган.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова мыйзамда экс-президентти негизсиз куугунтуктан коргоо менен анын жоопкерчилигин кароонун ортосундагы чек так аныкталбай калганын белгиледи:

- Ар кандай кырдаал болушу мүмкүн. Экс-президенттин саясий душмандары бийликке келсе, анда аны куугунтукка алышы мүмкүн. Ошондуктан аны бир жагынан экс-президент катары коргош керек. Экинчи жагынан чындап эле кылмыш кылганы аныкталса, анда анын жоопкерчилигин кароо маселеси да болушу керек. Мүмкүн анын кол тийбестигин алуу эрежесин так аныктап чыгып, ага кылмыш ишин козгоо чарасын аныктоо зарыл. Ошондо гана аны негизсиз куугунтуктан коргоо менен аны жасаган кылмышы үчүн жоопко тартуунун ортосундагы чекти аныктоого мүмкүн боло турган укуктук механизмдер болушу шарт.

"Жоопкерчиликти бийликте турганда сурайлы"

"Прецедент" өнөктөштүк тобунун Конституциялык палатага жолдогон кайрылуусунда экс-президенттин кол тийбестик укугун коргоонун механизмдеринин Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо маселеси каралган.

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.

Коомдук ишмер Өмүрбек Абдрахманов экс-президенттин жоопкерчилигин ал мамлекет башчысы болуп турганда кароо керек деп айтып, бийликтен кеткенден кийин аны жоопко тартуу өч алууга барабар экенин айтты:

- Президент бийликтен кеткен соң ал "мени кийин камакка алышат" деп коркпошу үчүн тиешелүү кепилдиктер калышы абзел. Кол тийбестикти алып салуу оңой. Бирок менимче, экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралбашы керек. Себеби бизде адатта президент бийликте турган кезде ага жагалданышат, ал кеткен соң аны баары жамандап калышат. Президенттин жоопкерчилиги ал бийликте турган кезде импичмент аркылуу каралышы керек. Биз кыйын болсок, ал иштеп жаткан кезде анын жоопкерчилигин карашыбыз керек. Ал кеткенден кийин ар кимиси өч алуу максатында асыла бериши мүмкүн. Ага жол бербеш керек.

Анткен менен юрист Токтакунов өзүнүн кайрылуусунда учурдагы президентке импичмент жарыялоо аркылуу кылмыш ишин козгоого мүмкүн экенин, бирок экс-президентти эч ким жоопко тарта албай турганы мыйзамда көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Конституциялык палата бул кайрылууну өндүрүшкө алса, анда ал мыйзамга ылайык, беш ай аралыгында карап чыгып, ал мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештиги боюнча чечим чыгарышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ишеним түрдүү, иш жалпы

Ишеним түрдүү, иш жалпы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Бүбүйра апа үйлүү болду

Бүбүйра апа үйлүү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Кыздарды четке чыгарбоо демилгеси көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

"Түркияда кыргызстандык кыз киши колдуу болду" деген маалыматтан кийин Кыргызстанда кыздардын чет өлкөгө чыгышына каршы пикирлер айтыла баштады.

Чет өлкөдөгү кыздарыбыздын укугун канткенде сактай алабыз? Бул багытта Кыргызстандын саясаты кандай? Тыюу, чектөө менен алардын укугун коргой алабызбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна демилгечи топтун өкүлү Тилек Таалайбеков жана “Эл жана мыйзам” уюмунун жетекчиси Такен Молдакулов, Борбор Азиядагы Америка университетинин кафедра башчысы Элира Турдубаева, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова катышты.

“Азаттык”: Тилек, сиздер "кыздардын Түркияга, Орусияга чыгышына каршыбыз" деп айтып жатасыздар. Кыздардын укугун алардын өлкөдөн чыгышына чектөө киргизүү менен коргосо болот деп ишенесизби?

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Тилек Таалайбеков: Бул көптөн бери Кыргызстандын жарандарынын жүрөгүн өйүп келген маселе болуп турат. Көрүп, билип туруп биз буга кайдыгер карай алган жокпуз, жүрөгүбүз чыдаган жок. Жогору жактан деле күттүк, чыгаан агаларыбыз бар. Бирок көптөрү буга кайдыгер карагандай болуп жатат.

Чындыгында чет мамлекетте, Орусияда, Түркияда канча бир жаш кыздардын тагдыры талкаланып, кулчулукка кабылып жатат. Ушуну көрүп туруп унчукпай койгон туура эмес деп ойлойм. Мисалы, мен алты жыл Орусияда иштеп келдим. Ал жакта аялдарга караганда эркектер көбүрөөк, бирок ал жакта деле кор болгон кыздар көп. Азыр Түркияга көп кыздар кетип жатат. Кеткендердин 80-90 пайызы аялдар.

"Чет өлкөгө чыгарбаса укугу бузулбай калат" дегенге ишенебиз. Бул нерселер Жараткандын китебинде да бар. Аялзаты үйдө болгондо нур болот, тамак-аш да болот, ал жок болсо үйдүн кунары кетип калгандай эле Кыргызстандан алар чыгып кетип, эркектер калса ошондой эле болот.

“Азаттык”: Азыр кыргызстандык ондогон кыз-келиндер ар кайсы өлкөдө, ошол эле Түркияда, Орусияда билим алып, ийгиликтүү иштеп келатышат. Кыздардын чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу демилгеси алардын укуктарын коргоого жатабы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Элира Турдубаева: Албетте, бул кыздардын, жалпы эле аялдардын укугун бузат. Бул Конституцияда да жазылган. Ошондой эле БУУнун универсалдык Адам укуктары тууралуу декларациясында бардык адамдар бир өлкөнүн ичинде жана чек арадан чыгып, кайтып келгенге, эркин кыймылдаганга укугу бар экени жазылган. Аны расасына, жынысына, көзүнүн түсүнө карап бөлгөн болбойт. Бул адам туулганда эле алган укугу. Ошондуктан бул одоно мыйзам бузууга жатат.

Азыр демилгечи топ "бөрк ал" десе баш алгандай болуп жатат. Кыздар эмнеге кетип жатат? Үй-бүлөлүк маселеден улам, жакшы акча таап же билим алып, тажрыйба алып келиш үчүн чыгып жатышат. Экономикалык жагдайларга да байланыштуу. Мисалы, азыр Өзбекстанда, Иранда, Сауд Арабиясында ушундай чектөөлөр бар. Күйөөсүнүн уруксаты керек же башы бош аялдар жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек. Азыр биз XVI кылымга кайтып бараткандай болуп жатабыз. Бир-эки учурду мисалы кылып эле баарына чектөө кылган болбойт. Азыр заман, талап башка.

“Азаттык”: Мындай чектөө, тыюу салуу менен артка кадам таштап жаткан жокпузбу? Ошол жердеги коргоо, мекендештерге юридикалык, укуктук жардам берүү саясатын күчөтсө кандай болот?

Такен Молдакулов: Бул маселенин бышып жетилгенине көп болду. Биздин эл башкаргандар көңүл бөлбөдү. Ошол кыздарыбыз четке чыкпай калгандыктан эле экономикабыз көтөрүлбөсө - көтөрүлбөй эле койсун. Муну Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан сыяктуу мыйзамдаштырсак болот. Мисалы, Тажикстан кыздардын кыска юбка кийип жүрүшүнө тыюу салды. Биз кыргыз экенибизди унутпашыбыз керек. Мен муну артка кадам таштоо деп айтпайт элем. Юрист катары айтсам, биздин кыздарды башка улуттун өкүлдөрү кул катары колдонуп жүргөн учурлар бар.

“Азаттык”: 25 жашка чыга элек кыздарды четке чыгарбоо маселеси буга чейин да көтөрүлгөн эле. Кыздардын укуктары чет өлкөдө эле эмес, Кыргызстанда да бузулуп жатат. Бул демилге маселени чече алабы?

Бүбүсара Рыскулова: Мен намысы ойгонгон, мекенчил балдарды жалпысынан колдойм. Бирок кээ бир нерсеге макул эмесмин. 20 жылдан ашуун убактан бери "Эмне кылыш керек?" деп намысы ойгонуп жатыптыр. Аларды бизге жардам берүүгө чакырам. Кыргызстанда эмне болуп жатканын, эмнеге кетип жатканын сүйлөшөлү. Ошол эле кыргыздар кордоп жатат, беш баласы болсо да Орусияга кетип, ал жактан башка менен баш кошуп жаткан эркектер бар.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Унчукпай турганга болбой калды. Жашы жете элек кыздарды чектеш керек, ата-энеси каякка жиберип жатат? "Бирөөнүн баласын бак, тияк-бияк" деген туура эмес. Беш көкүл кыз кылып төргө отургузуп койгонго да шарт жок. Окууга чыгарганга, билим алганга чектөө киргизген туура эмес.

Бизде мыйзам да бар. Бул кыздар каякка, эмне максатта чыгып жатканына байланыштуу болуш керек. Азыр эркектер да зомбулукка кабылып атат, кыздар өз атасынан зордук көрүп жатат. Тыюу салып, ушуну эле көрүп калбай, кумарпоздукка, аракеч болуп кеткендерге көңүл бургула, ыйманга чакыргыла. Бул маселелер бир гана кыздарга байланыштуу эмес.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Кыздарды четке чыгарбоо демилгеси көтөрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:01 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Экзаменге даярдык: жооптун баасы

Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы орто мектептин бүтүрүүчү классынын окуучуларына экзамендердин суроолоруна даяр жооптор жазылып, даярдалган китептер мажбурлап сатылып жатканы айтылууда.

Аталган мектептин тарых мугалими Бакыт Бейшенбеков "Фейсбуктагы" барагына жооптору даяр китептер тууралуу жазып, Билим берүү министрлигине нааразылыгын билдирди.

Сары-Булак айылындагы орто мектептин тарых мугалими Бакыт Бейшенбеков бүтүрүү экзамендеринин суроолоруна даяр жооптор жазылган китеп Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн келгенин кулагы чалган. Бейшенбеков китепти мектептин директору 9-класстын ар бир окуучусуна сатып, албай койсо мажбурлап бергенин айтты.

Бакыт Бейшенбеков.
Бакыт Бейшенбеков.

Мугалимдин ырасташынча, сынактан жеңил өткүсү келген окуучулар даяр жоопторду көрүп, сүйүнгөнүнөн деле жүз сомдук китепти алып жатышат:

- Даяр жоопторду берип жатат, атайын даярдалган китептерди жүз сомдон сатышууда. Мындай болбошу керек да. Окуучунун изденүүсү эмне болот? Билим сапаты жоголбойбу! Бир суроого жооп алыш үчүн окуучу изденип, табышы керек. Даяр жооп турса көчүрүп коёт да. Ал китептерди окуучуларга мажбурлап эле алдыртты. Албайбыз дегендер болгон жок. Тескерисинче, аларга кайра жакшы да. Китеп саткандар окуучунун келечегин ойлонгон жок. Бизнес жасап жатышат. Мен "Фейсбуктагы" баракчама да жаздым эле, бир жылда Кыргызстан боюнча 9-классты 95 миң, 11-классты 70 миң окуучу бүтөт. Ошондо 165 миң балага китепти 100 сомдон мажбурлап алдырса, 16 млн. 500 миң сом болот экен. Бул кимдин чөнтөгүнө түшөт? Эгер андай болсо мен деле бир айдын ичинде интернеттен маалымат чогултуп, китеп жазып сата берсем болобу? Билим берүү министрлиги мындайга жол бербеши керек.

Сары-Булак айылынын Шамен атындагы орто мектебинде 60 гана окуучу бар. Анын жетөө тогузунчу класста окуйт. Чакан айыл болгондуктан мектепте 11-класста окуган окуучулар жок. Мектеп директорунун милдетин аткаруучу Талант Бакиров китеп мажбурлап сатылып жатат деген маалыматты четке какты:

- Мен өткөндө райондон экзамендердин суроолору жазылган китепти гана алып келип, таратып бергем. Ал эми жооптор жазылган китепти көргөн эмесмин. Ким таратып, ким сатканын билбейм.

Мындай көрүнүш Сары-Булак айылында гана эмес, облустун башка айылдарында да бар. Китеп сатып алгандардын бири, Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Асел Капарова окуучунун билим деңгээлин текшергендин ордуна "даяр ашты" алып келгендерге нааразы:

- 11 жыл окуп, алган билиминин сапатын текшериш үчүн экзамен болот да. Баланын билимин сынаш керек. Келечегин ойлош керек. Анан даяр жоопту берип коюшса кандай болот?

Китеп Билим берүү министрлигинин уруксаты менен гана сатылат дейт Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Сейтек Кошалиев. Анын ырасташынча, мектептин директору же кайсы бир мугалим китебин окуучуларга сатып өткөрүү аракети болсо кызматтык чара көрүлөт.

- "Бул китеп мектеп программасына жарайт, колдонсоңор болот" деп Билим берүү министрлигинен буйрук келет. Китеп жазган өзүнчө авторлор бар. Алар болсо министрликтин атайын көрсөтмөсү жок эч бир мектепке бере да албайт, биз сата да албайбыз. Дүкөндөрдө “Экзамендерге даярдык” деген китептер бар. Аларды ата-энелер өз каалоосу менен балдарына алып берет же окуучулар өздөрү сатып алышат. Окуучуларга мажбурлап китеп саткан мугалим болобу, директор болобу биз аларга сөзсүз түрдө чара колдонобуз. Каяктан алып келгени, кайсы буйруктун негизинде сатып жатканы текшерилип, мыйзам бузуу болсо чара көрүлүп коллегияда маселеси каралат. Антпесе каалаган мугалим каалагандай китеп басып чыгарып, өзүнчө эле бизнес болуп кетпейби. Азырынча мындай көрүнүш жок.

Нарын облусунда 141 орто мектепте 60 миңге жакын окуучу билим алат. Быйыл 9-классты беш миң, 11-классты төрт миңден ашык окуучу бүтүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG