Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:16

Кыргызстан

Мамлекетти башкаруу жана саясий жүрүштөр

Мамлекетти башкаруу жана саясий жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:00 0:00

Ыңкылапчыларды эрегиштирген эскерүү

7-апрель, 2017-жыл (архивдик сүрөт)

Бүгүн Бишкекте "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин демилгеси менен апрель окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Улуттук филармониянын чоң залында өткөн бул иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков баштаган мамлекеттик ишмерлер, апрель окуясында шейит болгондордун жакындары катышып, сөз сүйлөштү.

Эскерүү жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун аппарат башчы Мукамбеткалый Абылгазиев окуп берди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- 7-апрелдеги окуялардан кийинки жылдар кылымга тете жылдар болду. Өлкөбүздө улуттук кайра жаралууга жол ачылды.

Мамлекеттүүлүгүбүз бекемделип, чоң саясий өзгөрүүлөр болду. Эркин демократиялуу шайлоолор өтүп, Кыргызстан дүйнөгө демократиялык өлкө экенин далилдеди, - деп айтылат президенттин анын аппарат башчысы окуп берген кайрылуусунда.

Жыйындын катышуучуларына сөз берилерде 7-апрелге арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Анда апрель ыңкылабынын каармандары, алардын ичинде ыңкылапчы саясатчылардын аракеттери чагылдырылган.

Ошол эле учурда Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев жана анын тарапташтары жүргөн видеокадрлар "туура жолдон тайып, коррупционерлер менен "мародерлор" болуп чыга келишти. Бир кезде өзүн "революционербиз" деп атагандар чыныгы реформаларга тоскоол болуп, өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч жаратышууда" деген өңдүү баяндамалар менен коштолгон.

Апрель окуясы: талаштуу тасма
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

“Бишкек патриоттору” коомунун тең төрагасы Бакыт Мамбеталиев аталган тасмадагы Роза Отунбаева баштаган саясатчыларга байланышкан кадрларды тарыхый адамдарды жаманатты кылуу аракети деп эсептеди:

- Революцияны генийлер кылат, бирок аны шумпайлар менен аферисттер пайдаланып кетет. Роза Исаковна Отунбаева тарыхтан өзүнүн ордун алган киши. Бул киши өткөөл мезгилде Кыргыз Республикасынын президенти болуп иштеп берди. Аял башы менен кыйын кезде туруп берип, эркек кылбаган ишти кылып кетти.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков муну тарыхты бурмалоо, азыркы бийликтин актануу аракети деп баалады:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Адатта көптөгөн авторитардык бийликтер тарыхты көбүрөөк бурмалаганга аракет кылат. Ар бир келген бийлик маанилүү тарыхый окуяларды өз кызыкчылыгына бурганга жана пайдаланганга аракет кылат. Тилекке каршы, акыркы жети жылда өлкөдө маанилүү өзгөрүүлөр жана реформалар болгон жок. Ошого кайсы бир адамдарды күнөөлөп, "ушулардын айынан болбой калды" деп айтуу алар үчүн кандайдыр бир актануу катарында пайдаланып жатат.

Эскерүү иш-чарасынын демилгечиси болгон "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун жетекчисинин орун басары Талгат Кудайбергенов буга чейин "Азаттык" менен болгон маегинде алар эч кандай саясий күчтөрдүн буйругун аткарбай турганын билдирген:

- Биз эч бир саясатчынын камчысын чаппайбыз. Эч бир саясатчы келип, "андай сүйлөгүлө, мындай сүйлөгүлө" дебейт. Бул биздин өзүбүздүн ой-пикирибиз. Биздин коомдо 450 жаран бар. Бул ошолордун ой-пикири.

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Садык Шер-Нияз азыркы бийлик апрель революциясынын жемишин туура пайдалана албай калганын айтып кейийт. Ал 7-апрелден кийинки мезгилди АКШдагы жарандык согуштан кийинки же Франциядагы буржуаздык революциядан кийинки өткөөл мезгилге салыштырат:

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

- Апрель революциясы мамлекетте болуп көрбөгөндөй секирик жасай турган энергия болуп бермек. Тилекке каршы саясатчылар майдаланып, жок болуп, бири-бирин көрө албай, бири-бирин душман кылып, революция жасагандардын жарымы камалып, жарымы көчөдө калды. Азыркы бийлик апрель революциясынын кутун учуруп алды.

Кыргызстанды таптакыр башка нукка түшүрө турган энергетиканы биздин саясатчылар тилекке каршы өзүнүн жеке дымагы үчүн, жеке бийлиги үчүн майдалап жибергени зээнди кейитет.

Сегиз жыл мурда 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда 7-апрель "мамлекеттик майрам жана дем алыш" деп жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Электр станцияларынын" башчылары камалды

Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка байланыштуу дагы эки жооптуу аткаминер камакка алынды. Бул ирет камакка алынган "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун жетекчиси Темирлан Бримкуловго "ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган" деген кине тагылууда.

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго кылмыш иши козголуп, камакка алынганын УКМК 4-апрелде жарыялады. Комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, айыпталуучулар бир күн мурда суракка чакырылып, камакка алынган:

УКМК.
УКМК.

- 2018-жылдын 3-апрелинде "Электр станциялары" ААКынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана аталган ишкананын Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Учурда алар УКМКнын тергөө абагында камакта. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Атайын кызматтын өкүлү билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган. Анда кылмыш иши "Шалаакылык" беренеси боюнча козголгон. Эми болсо жооптуу адамдарга "ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган" деген айып тагылууда.

Аттары аталган адамдар кантип ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланганын УКМК ачык жарыялай элек.

Бирок Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын дайын-дарегин жана кырсыкты иликтеген депутаттык комиссия мүчөлөрү камакка алуу күтүүсүз болбогонун билдиришүүдө.

Комиссиянын төрагасы Улан Примовдун айтымында, күч органдары иликтөөнү аягына чыгарууга аракет кылышы керек.

- Атайын кызматтар бул багытта иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен кошумча жагдайлар ачыкка чыгып жатканын көрүп жатабыз. Демек, бул жерде мурда белгисиз болгон бир топ нерселер болушу мүмкүн. Ошондуктан таң калаарлык деле эч нерсе жок.

Ал эми депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү Исхак Масалиев эгер комиссиянын тыянагына күч органдары көңүл бурса, дагы бир жетекчилер жоопко тартылышы керек болоорун эскертүүдө.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мен үчүн күтүлгөн эле нерсе болду. Бирок бул жерде бир жагдай бар - бул камоо Кытайдан алынган насыяга тиешеси бар-жок экенин аныктоо зарыл. Ал эми эгер биздин депутаттык комиссия да бул боюнча ачыкка чыгарган маалыматтарга укук коргоо органдары көңүл бурса, дагы бир топ жетекчилер жоопко тартылышы мүмкүн. Алар камалабы же административдик жазага тартылабы - аны укук коргоо органдары аныктайт.

Депутаттык комиссия иликтөөнү жыйынтыктаганы, учурда корутунду даярдалып жатканы кабарланууда.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта калаа тургундарына беш күн бою жылуулук берилген эмес.

Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыянын канчалык максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул кырсыктын себебин иликтөө боюнча өкмөт мекеме аралык комиссия түзсө, парламент депутаттык комиссия түзгөн.

Буга чейин бул кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директору Алмазбек Жусупбеков камалган эле. Ал эми кырсыкка жооптуу катары Бишкек ЖЭБинин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулу баштаган бир нече кызматкер иштен кеткен. Премьер-министр Сапар Исаков иликтөөнүн жыйынтыгы менен дагы бир катар жетекчилер кызматтан кетерин билдирип келет.

Фарид Ниязов жана Толгонай Стамалиева.
Фарид Ниязов жана Толгонай Стамалиева.

Ал арада ЖЭБге байланыштуу маселе саясатташып, өлкөнүн мурдагы жана кийинки жетекчилеринин арасында пикир келишпестикке алып келди.

КСДПнын төрагасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөн жуманын аягында ЖЭБдин кышка даярдык көрүү боюнча иштерин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөнүн айтып чыккан эле.

Бул билдирүүгө байланыштуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен Атамбаевдин орун басары Фарид Ниязов экөө ачык кайым айтышты.

4-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Антикоррупциялык кызматтын башчысы Сагынбек Исмаиловду кабыл алып, коррупциялык иштерди, анын ичинде Бишкек ЖЭБиндеги абал боюнча күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

РАЖдын лидери алмашты

РАЖдын лидери алмашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

“Республика - Ата Журтта” бийлик "алмашты"

“Республика - Ата Журт” фракциясы.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери күтүүсүз алмашты.

Руслан Казакбаевдин ордуна Жыргалбек Турускуловдун шайланганы ротация деп түшүндүрүлгөнү менен фракцияда буга нааразы болгондор да бар.

Эксперттик чөйрөдө "кайсы бир саясий күчтөрдүн ортосунда 28 мандат менен экинчи орунда турган "Республика - Ата Журт" фракциясын талашуу башталды" деген пикирлер арбын.

"Республика - Ата Журт" фракциясы төраганы алмаштыруу боюнча 3-апрелде кечке жуук кезексиз жыйынга чогулду. Анда 21 депутат Жыргалбек Турускуловдун талапкерлигин колдоп, добуш бергени белгилүү болду.

Мирлан Жээнчороев - жаңы лидерди колдобогон алты депутаттын бири. Анын айтымында, фракция лидери эч негизсиз алмашты:

- Жаңы лидердин дайындалганы күтүүсүз болду. Маселе ачык-айкын эмес, көмүскөдө, кол топтолуп чечилип калды. Чечим фракциянын жыйынында гана айтылды. Бул жерде саясий да негиздеме болгон эмес. Руслан Казакбаев арыз жазган жок, үстүнөн эле кол топтолуп кызматтан алынган. Эгерде документтерди карап көрсөңөр, ал жерде ротация эмес, "кызматтан алынсын" деп эле жазылып турат. Мен добуш берген жокмун. Өзүңөр билгендей кесибим юрист. Жумушка алууда да, жумуштан алынганда да анын негизи белгиленип, такталып, ачык-айкын айтылышы керек.

"Республика - Ата Журт" фракциясы.
"Республика - Ата Журт" фракциясы.

"Республика - Ата Журт" фрациясынын депутаты Таабалды Тиллаев фракция лидеринин алмашканын көпчүлүктүн сунушу катары түшүндүрдү. Ал фракциянын ичинде коомчулукка жарыяланбай турган маселелер бар экенин, буга чейинки лидери депутаттардын талаптарын канааттандырбай калганын белгиледи:

- Бул күтүүсүз эмес. Депутаттардын сунушу менен фракциянын кезексиз жыйыны өткөн. Кезексиз жыйынды фракция лидеринин орун басары Талант Мамытов чакырды. Бул жерде коомчулук билбеген маселелер, депутаттардын, биздин партиялаштардын талаптары бар. Ошону буга чейинки лидер жеткиликтүү деңгээлде чече албаганы үчүн ошондой чечим кабыл алдык. Фракция жыйынына 21 депутат катышты. Ал жерде жалгыз эле талапкер Жыргалбек Турускулов болду. Курманкул Зулушевдин талапкерлиги коюлган жок. Турускуловду 21 депутат бир добуштан колдоп берди. ​

"Республика - Ата Журттун" депутаттары.
"Республика - Ата Журттун" депутаттары.

"Республика - Ата Журт" фракциясын башында Өмүрбек Бабанов жетектеген. Ал былтыр күзүндө президенттик шайлоого катышып, утулуп калгандан кийин, үгүт маалында айткан сөзү боюнча кылмыш иш козголгон. Буга байланыштуу Бабанов лидерликти өткөрүп берген жана чет өлкөгө чыгып кеткен. Анын ордуна Руслан Казакбаев менен Талант Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жашыруун добуш берүүдө Мамытов 12, Казакбаев 15 депутаттын добушун алып төрага болуп шайланган. Өмүрбек Бабанов быйыл январь айында саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Руслан Казакбаев фракция лидерлигинен кеткенине байланыштуу азырынча өзү үн ката элек.

РАЖдын лидери алмашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

КСДП алсырайбы?

Ал арада "Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк ыдырашы ыктымал" деген сөздөр кызыды. Божомолдорго караганда "Бир Бол" фракциясы коалициядан чыгаарын жарыялашы мүмкүн.

Бул макала жазылып жаткан чакта аталган фракциянын төрагасы Алтынбек Сулаймановдон жана анын фракциялаштарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев коалициянын ыдырашын саясаттагы кадимки көрүнүш деп атады, бирок анын арты менен парламент өзүн өзү таратууга алып келе турганн жагдайлар азырынча жок экенин белгиледи:

- Коалиция ыдырап деле кетиши ыктымал. Коалиция ичиндеги же болбосо оппозициялык азчылыкта сүйлөшүүлөр болуп, ар кандай саясий абал түзүлүп, курчуп калса же болбосо өкмөткө нааразылык болсо, иши начарласа, туура эмес, жагымсыз иштер жасалса, коалициянын ыдырашы болуп эле келген нерсе. Мен андай жагдай түзүлгөнүн азырынча көрө элекмин. Ал эми парламент тарашы үчүн депутаттар өздөрүн өздөрү таратышы керек да. Азыр эми 2,5 жыл иштеп, дагы 2,5 жыл калды. Ызы-чуу кылуу, кайрадан шайлоо жарыялоо, бюджетте акча тартыш болуп турганда каражат бөлүү кайра эле кырдаалдын курчушуна алып келет. Парламент таркагыдай деле жагдай жок. Коалициянын тарашына негиз бар-жогун айта албайм, аны убакыт, жагдай көрсөтөт.

Антсе да 28 мандат менен экинчи орунда турган "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери күтүүсүз алмашканы талкууга жем таштады. Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, бул парламенттин ичиндеги саясий күчтөрдүн кармашынан кабар берет:

- Фракцияда Өмүрбек Бабановду колдогон адамдар жаңы лидеринин шайланышына каршы чыгып жатат. Менимче, парламент ичинде 28 депутат үчүн күрөш болуп жатат. Эгер Бабановду колдогон адамдын ордуна Бабановду колдобогон адам келсе, анда алар КСДПга жакындашат. Мурда Асылбек Жээнбековду парламенттен кетиргенге аракет кылышкан. Эгер ал парламенттен кетсе азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги позициясы таптакыр төмөндөйт. Ушул себептен парламент ичинде күрөш болуп жатат.

Өткөн аптада УКМК "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш ишин ачканы маалым болгон. Атайын кызмат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген берене менен былтыр козголгон кылмыш ишинен Бабановго тиешелүү материалдарды өзүнчө бөлүп алып тергеп жатканын кабарлаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бабановдун экинчи кылмыш ишинин тергелип жатканын саясаттагы каршылаш күчтөрдүн тымызын күрөшү менен байланыштырган:

- Мына, парламентте тарап-тарап болуп бөлүнүп, саясий тирешүүнүн айынан эки жаат болуп жаткан чакта "Республика - Ата Журт" фракциясынын 28 добушу керек болду. Бул тирешип жаткан күчтөрдүн бири-бирине берген жообу болду окшойт. "Мына, сен "Бабановду фракциясы менен өзүмө алам" деп жатасың, мен буга керек болсо кылмыш ишин козготом" деп жатышы мүмкүн. Бул да ошол саясаттын курмандыгы. Анткени алдыда парламентте премьер-министрди кызматтан кетирүү боюнча, "кийинки премьер ким болот" деген маселе турат. "Балким Атамбаев өзү премьерликке келет" деген сөздөр бар. Ошондуктан "Республика" 28 добушу менен парламентте негизги фракциялардын бири болуп калды. Булардын фракциясы азыр талашка түшүп жатат. Ушундай учурда Бабановго "жөн отур, соодалашпа" деген ишарат болушу мүмкүн.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын жаңы лидери болуп шайланган 43 жаштагы Жыргалбек Турускулов парламенттеги жигердүү депутаттардын катарына кирбейт. Ал Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин 1997-жылы аяктаган. 2000-жылы ушул эле окуу жайда "Юриспруденция" факультетин да бүтүргөн.

2010-жылдарга чейин "Эмгекчил", "Строй-Арсенал" деген ишканаларды жетектеген. 2010-2013-жылдары "Чыгыш электро" акционердик коомун башкарган. 2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Школьный: Динчил көрүнгүсү келгендер көбөйдү

Владимир Школьный.

Дин жолуна түшүп, жаңыча жашоону тандагандардын аң-сезими, көз караштары жана жүрүм-туруму кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат?

Динчил адамдар эмнени жактырат, эмнеден тайсалдайт жана алардын ички дүйнөсүндө кандай сезимдер болот? Дин жарандарыбызга руханий тынчтык алып келип жатабы?

Динчил адамдардын психологиялык абалы тууралуу Кыргыз-Орус (Славян) университетинин доценти, психолог Владимир Школьный "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Владимир мырза, эгемендүүлүк алгандан бери динчил адамдарыбыздын психологиясы өзгөрдүбү?

Владимир Школьный: Ооба, өзгөрдү. Өкүнүчтүүсү - терс жагына өзгөрдү. Психологияда "болгондой болуу" жана "болгондой көрүнүү" деген түшүнүк бар. Эл азыр "болгондой көрүнүүгө", башкача айтканда динчил болуп көрүнүүгө аракет кылууда.

Азыркы учурдагы динчилдик - бул табигый динчилдик эмес, адамдар диндин көбүнесе сырткы көрүнүшүнө, символдорго, кийим-кечеге маани берип жатышат.

Адам жаралгандан топтошуп жашагандыгы үчүн башкалар эмне кылса ошону туурайт эмеспи. Элден бөлүнүп калбаш үчүн элге окшоп, элдей болууга аракет кылат. Азыркы учурдагы динчилдик, динзардашуу ушул максатта калыптанууда. Жарандарыбыз коомдон бөлүнүп калбашы үчүн динге багыт алууда.

Бир таанышым мага "Жогорку Кенештин депутатына жихад жарыяладым" деп айтты. Мен ага: "Жихаддын кайсы түрүн жарыяладың?" десем, ал: "Кайсы түрү болчу эле?" деп сурайт.

Өткөндө бир таанышым мага "Жогорку Кеңештин депутатына жихад жарыяладым" деп айтты.

Мен ага: "Жихаддын кайсы түрүн жарыяладың?" десем, ал: "Кайсы түрү болчу эле?" деп сурайт. Жихад эмне экенин билбей туруп "жарыяладым" дейт.

Так ошондой эле бир аял "мусулмандардын календарында 8-март деген майрам жок" деп айтты. Бирок мусулмандардын жыл санагы боюнча канчанчы жылда жашап жатканына кызыгып да койбойт. Кыскасы ар ким укканына, көргөнүнө карап динчил болууда. Изилдеп, окуп, ойлонуп динди үйрөнгөндөр аябай эле аз. Жоолукту да ошондой эле салынып жатышат. "Баары салынып жүрөт, ошон үчүн мен да салындым" деп.

"Азаттык": Динди катуу карманган жарандарыбыздын айланасындагы адамдар менен болгон мамилесин кандай баалайсыз?

Владимир Школьный: Кайсы дин болсо да, динди чындап катуу кармангандар негизи үч пайыздан ашпайт. Ал эми калгандары ошол динге моюн сунгандар болуп эсептелет. Себеби, көпчүлүк негизги диний жөрөлгөлөрдү билгени менен диндин маңызын түшүнбөйт. Көпчүлүк мусулмандар жана христиандар беш маал намаз окуу же болбосо Пасхадан кийин орозо кармоо сыяктуу жөрөлгөлөрдү аткарышканы менен тактап сурасаң, алардын маани-маңызын түшүнө беришпейт.​

Бишкектеги айт намаз. 2017-жыл. Сүрөт Бишкек мэриясынын сайтынан алынды.
Бишкектеги айт намаз. 2017-жыл. Сүрөт Бишкек мэриясынын сайтынан алынды.

Эң өкүнүчтүүсү - адамдар ар түрдүү шылтоолорду айтып, диний жактан өнүгүүгө аракет кылбай жатышат. Динди терең үйрөнүүгө, анын маңызын түшүнүүгө, өзүн өнүктүрүүгө аракет кылгандар аз. Диндеги адам ар дайым жаңы нерселерди таап, жаңы деңгээлге көтөрүлүшү керек. Буга кошумча бизде жакшы насаатчылар жок жана алардын саны бир колдун манжаларынан ашпайт.

"Азаттык": Диний насаатчылар жөнүндө, албетте, сүйлөшөбүз, бирок социалдык жана экономикалык маселелер динчилдердин психикасына кандай таасир тийгизүүдө? Ушул жөнүндө айтып берсеңиз.

Владимир Школьный: Аябай чоң таасир этүүдө десек болот. Негизи адамдын тамактануу, турак жайга ээ болуу, сексуалдык талап сыяктуу муктаждыктары болот. Булардын баары жашоо үчүн керек болгон жана инстинкттин негизинде камсыз кылууну талап кылган муктаждыктар. Бул муктаждыктар камсыз болгон учурда гана адам руханий жана диний өнүгүүгө багыт алат.

Биздин элдин арасында жогоруда айтылган муктаждыктарын камсыз кыла алган, башкача айтканда жетиштүү тамак-ашка, турак жайга ээ, үй-бүлөлүк жана сексуалдык муктаждыгын камсыз кыла алган киши канча? Ток этээр жерин айта турган болсок, эгер адам өз муктаждыктарын камсыз кыла алса гана руханий жактан өнүгөт.

Бизде социалдык жана экономикалык жактан камсыз болгон, абалына ыраазы адамдар бир пайызды гана түзөт. Мындай абал өлкөдөгү диний жана руханий абалга түздөн-түз таасир этүүдө. Материалдык кыйынчылыктар менен күрөшкөн адамда кандай руханий өнүгүү болушу мүмкүн? Ошондуктан Кыргызстандагы динчилдиктин өсүшүн руханий өнүгүү катары кабыл албашыбыз керек.

Адамдар жеңе албаган материалдык кыйынчылыктарын дин менен алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бизде динчилдик жарандарыбызды жоошутуу үчүн ишке жарап жатат. Дин адамдардын кулк-мүнөзүнө сиңбестен, кебете-кешпир сыяктуу сырткы көрүнүш менен гана чектелүүдө.

Кудайга сыйынып, бирок жашоосун оңой албаган динчил адам өз айланасынан күнөөкөрлөрдү издей баштайт.

Бизде кудайга кайрылуу агрессивдүү жана декларативдүү формага ээ. Баарыбыз динчилбиз, баарыбыз кудайга сыйынабыз, бирок жашообуз оңолуп кеткен жок да.

Ушул учурда диндин терс жагы пайда болот. Тагыраак айтканда кудайга сыйынып, бирок жашоосун оңой албаган динчил адам өз айланасынан күнөөкөрлөрдү издей баштайт. Башкалардан күмөн саноо, башкаларга кыжырдануу ушундай абалда пайда болот жана күчөйт.

Мындан сырткары коррупция, кымбатчылык, адилетсиздик сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөргө күбө болгон сайын адамдардын кыжаалатчылык жана тынчсыздануу деңгээли көтөрүлөт. Элдин көпчүлүгү ушундай абалга дуушар болгондо коомдо туруксуздукка алып баруучу окуялар күчөйт. Ушундай нааразы катмардын көп болушу бузуку диний топтор жана үгүтчүлөрдүн чырагына май тамызат. Халифат сыяктуу пикирлер ушундай учурда популярдуу болот. Радикалдуу жана зордук-зомбулукка таянган жолдор адилеттүүлүккө, теңдикке, жаркын келечекке жетүүнүн жолу катары көрсөтүлөт.

"Азаттык": Биздин динчилдерибиз эмнеден коркушат жана алардын кандай тынчсыздануу сезимдери бар?

Владимир Школьный: Бизде эч ким тозоктон корпойт. "Динде буйрук кылынгандай динчил боло алдымбы же боло албадымбы?" деп аз эле киши тынчсызданат. Эмне үчүн динчилдер өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаман нерселер үчүн өздөрүн жоопкер сезишпейт? Эмне үчүн дайыма башка бирөө күнөөкөр болушу керек? Азыркы учурда диний үгүт-насааттарда жоопкерчилик деген нерсе айтылбай жатат. Кудай укук менен катар адамга жоопкерчиликти да берген.

"Кудай мага ушундай укук берди, кудай мага ушундай тапшырма берди" деп башкалардын ишине кийлигишүү - шизофрениянын белгиси.

Эң өкүнүчтүүсү - айрым динчилдер өз башындагы төөнү көрбөстөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп эле тим болбостон башкалардын ишине кийлигишүүгө, аларды оңдоого аракет кылышууда.

"Кудай мага ушундай укук берди, кудай мага ушундай тапшырма берди" деп башкалардын ишине кийлигишүү - шизофрениянын белгиси. Мындай адамдар өз кемчиликтерин жабыш үчүн башкаларга жол көрсөтүүгө аракет кылышат. Өздөрүн өзгөртө албагандар башкаларды өзгөртүүгө аракет кылууда. Башкаларды өзгөртүү өзүңдү өзгөртүүгө караганда дайыма кыйын. Ошондуктан ар ким өзүнөн башташы керек, себеби бардык нерсе үчүн биринчи кезекте өзү жоопкер.

"Азаттык": Динчил адамдарыбыз эмнеден көз каранды? Кайсы нерселер динчилдерди өзүнө тартууда? Эмне үчүн төшөк маселесине тиешелүү баяндар динчилдердин көңүл бурууда?

Владимир Школьный: Алгач адам баласы социалдык жандык экенин унутпайлы. Ошондуктан ар бир динчил адам диний жамааттын жана топтордун ичинде болгусу келет. Бирок эң кызыгы - акыркы учурда шейхтер динчил адамдарды өзүнө байлап алганын көрүүгө болот. Эч ким шайлабаса деле өздөрүн "шейх" деп атап алгандар элди оңго-солго жетелеп жүрүшөт.

Бишкектеги мечиттердин бири. 1-июль, 2015-жыл.
Бишкектеги мечиттердин бири. 1-июль, 2015-жыл.

Жыныстык маселелерге тиешелүү талаш-тартыштар боюнча да диний бурмалоо болууда. Камсыз болбогон муктаждыктар башка муктаждыктарды ашыкча камсыз кылуу аркылуу жабылууда. Тагыраак айтканда, чечилбеген социалдык жана экономикалык муктаждыктарды сексуалдык аша чабуу аркылуу басаңдатуу аракети болууда.

Интернетти изилдеген илимпоздор порнографиялык интернет-сайттарга эң көп кирген адамдар өнүкпөгөн өлкөлөрдө экенин аныкташкан.

"Азаттык": Биздин динзарлар ой жүгүртүүдөн, акыл калчоодон алыстап өтө эле эмоционалдуу болуп бара жаткандай сезилбейби?

Владимир Школьный: Акыл калчап ой жүгүртүп, интеллектуалдык жактан өсүүнү каалаган кишилер дайыма эле аз болот. Көпчүлүгү ээрчиме жана "эл кетти, мен да кетем, эл токтоду, мен да токтойм" дегендер. Биздин коом маалымат менен бышыкталбаган эмоцияга толтура. Бул маалыматтын жоктугу же тартыштыгы менен байланыштуу эмес. Болгону ой жүгүртүү, талдоо дайыма кыйын. Интеллектуалдык өсүш үчүн жакшы насаатчылар керек. Эмоционалдуу диний үгүтчүлөр эмес.

Радикал диний топтордун мүчөлөрү өздөрүн чыныгы жана өзгөчө мусулман катары көрүүдө. Бул аябай коркунучтуу нерсе.

Дагы бир нерсени баса белгилеп кетишим керек. Азыр өзгөчө радикал диний топтордун мүчөлөрү өздөрүн чыныгы жана өзгөчө мусулман катары көргөзүүдө.

Бул аябай коркунучтуу нерсе. "Сен тандалган, өзгөчө жана чыныгы динчилсиң" деп туруп аларга каалаган нерсени жасатса болот. Андай адамдар "каалаганыбызды жасоого укугубуз бар" деп ойлошот. "Ыйык ишти жасоо жана улуу максатка жетүү мага гана буюрган" деген адам канчалык коркунучтуу?! Ошондуктан радикал топтор адамды каалаганын жасоого даярдоодо.

"Азаттык": Кыргызстанда динчил адамдардын психологиясын иликтеген изилдөөлөр барбы?

Владимир Школьный: Мен андай изилдөөлөр жөнүндө уккан жокмун. Эгер мындай жумушту мамлекет жасаткысы келсе, мамлекет буга акча бөлүшү керек.

Бирок андай изилдөө жүргүзүлө элек. Кээде Кыргыз улуттук университетинде, Биздин Орус-Кыргыз (Славян) университетинде бакалавриат менен магистратуранын алкагында жасалган изилдөөлөрдү учуратууга болот. Бул боюнча студенттердин сурамжылоосуна таянган дипломдук иштер бар. Бирок тилекке каршы, динчилдердин психологиясын талдаган изилдөөлөр жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Маршруткага күнү түшкөн калаа

Бишкек, 2-апрель, 2018-жыл

Бишкектеги кичиавтобустардын айдоочуларынын иш таштоосу коомдук автоунаада көйгөй көп экенин көргөздү.

Иш таштагандардын талаптары канчалык жөндүү? Алар камсыздандыруу мыйзамынан эмне үчүн баш тартып жатышат? Жол кирени көтөрүү маселени чечеби? Борбордун коомдук транспорт тармагын канткенде жакшырта алабыз? “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Бишкек транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов, шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Аргынбек Малабаев жана “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин координатору Нуркамал Максүтова катышты.

“Азаттык”: Нурлан мырза, кичиавтобус айдоочуларынын иш таштоосу канчалык күтүлгөн нерсе эле? Мурда-кийин алардын талабы мэрияга коюлду беле?

Нурлан Атыканов. Сүрөт dem.kg сайтынан алынды.
Нурлан Атыканов. Сүрөт dem.kg сайтынан алынды.

Нурлан Атыканов: Жакшылып байкаган адамга айдоочулардын талаптарынын негиздемеси жок, кызыктай көрүнүш болуп калды.

Бири “мага экинчи линиядан бурулганга уруксат бер” деп айтты. Жолдо жүрүүнүн эрежеси баары үчүн бирдей, бул мыйзам. Шаардагы коопсуз болгон көчө кесилиштеринде андай уруксат берилген. Ал эми кооптуу деп эсептелген, уруксат берүүгө мүмкүн болбогон жерден "бурулуп кетем" дегенди кандай түшүнсөк болот?

​Айдоочулардын дагы бир түшүнбөстүгү - бул камсыздандыруу полиси. Ал биринчи кезекте айдоочулардын өзүнө керек нерсе.

Түшүнгөн айдоочулар полисти алышкан. Түшүнгүсү келбегендер “дагы эле акча чогултмай уланууда” деп жатышат. “Биз акчаны берип коюп отуруп калабыз, көзөмөлдөй албайбыз” деп көпчүлүктү адаштырып жаткандар бар.

Камсыздандыруу полиси боюнча өкмөттүн токтому чыкканына үч ай болду. Компаниялар айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Мына бүгүнкү маалымат боюнча айдоочулардын 80 пайызы полис алды.

Мэриядагылар айдоочулардын суроо-талаптарын аткарып келатабыз, аялдамаларды, светофорлорду орнотуу, жол белгилерин коюу маселелерин чечип жатабыз. Көп жолдор оңдолууда, көп маселелер комплекстүү чечилиши керек.

“Азаттык”: Аргынбек мырза, айдоочулардын бийликке койгон талаптары канчалык жүйөлүү же мыйзамдуу деп ойлойсуз?

Аргынбек Малабаев.
Аргынбек Малабаев.

Аргынбек Малабаев: Мурдатан эле Бишкек шаарында коомдук транспорттун маселеси жолго коюлган эмес. Мен шаардык транспортту 2008-2010-жылдары жетектедим. Эң башкысы - абал айдоочулардын жүргүнчүлөр алдындагы жоопкерчилиги жок болуп жатканын көрсөттү.

Азыр айтылган талаптар мурда эле жаңырышы керек болчу. Таксиби, маршруттук кичиавтобуспу, шаардыктардын алдында бирдей жоопкер. Учурда канчалаган жол кырсыктары болуп жатат? Эч ким жооп бербей жатпайбы!

Шаардык бийлик болсо шаардык кеңеш, жүргүнчүлөрдү тейлеген компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүп, маселени коллапска жеткирбей эле чечсе болмок. Айдоочулардын экинчи линиядан бурулууну автобус-троллейбуска теңеп коюу же аялдамалар маселелерин деле мурда эле чечиш керек болчу.

“Азаттык”: Нуркамал айым, сиздердин баамыңыздарда айдоочуларды нааразы кылган камсыздандыруу полисинин киргизилишиби же башка да түпкү себептери барбы?

Нуркамал Максүтова. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагынан алынды.
Нуркамал Максүтова. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагынан алынды.

Нуркамал Максүтова: Бул мурдатан келаткан, топтолуп калган суроо, маселеге комплекстүү караш керек. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты боюнча көп нааразылык бар, ал өзүнчө чоң суроо.

Айдоочулардан мыйзамдан сырткары да төлөмдөр алынып жатканын премьер-министр өзү айтып отурат. Ушулардын баары айдоочулардын нааразылыгына түрткү болду. Камсыздандыруу полиси ошолордун баарына шынаа болуп берип отурат.

“Азаттык”: Нурлан мырза, шаардын коомдук транспортунда жол кирени көбөйтүү талабы да коюлуп жатпайбы. Ал канчалык реалдуу, болсо кандай жолдор менен ишке ашууга тийиш?

Нурлан Атыканов: Тариф 2012-жылдан бери карала элек. Жол кирени көбөйтүүгө келгенде эки тараптуу караш керек.

Биринчиси - ооба, айдоочулар да көп чыгым тартат, автоунаанын запастык бөлүктөрү, кызмат көрсөтүү, тейлөө да кымбат. Экинчи тарабы – бул эл. Жол кирени көбөйтсөк жүргүнчү көтөрө алабы? Аны да эсептеп чыгыш керек. Маселени өтө кылдат карап, экономикалык эсептерин так санап, оптималдуу бир вариантын табуу зарыл.

Айдоочулар айткандай кылып эле жол кирени көтөрө салуу туура эмес. Айдоочулардын компанияларына "жол кире боюнча так эсептелген сунуштарды, негиздемелерди бергиле" деп жатабыз, азырынча сунуш түшө элек. Маселе талкууланып, талданып чыккандан кийин шаардык кеңештин сессиясында каралып, ошол жерде чечилиши абзел.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угунуз)

Иш таштоонун талабы жана тартиби
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:30 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы", айыптуу аткаминерлер

Бишкек ЖЭБи.

Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы авариядан кийин түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоору даяр болду.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкты иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, корутундунун долбоору даярдалып бүттү.

Анда Бишкек ЖЭБиндеги абалга айыптуу аткаминерлердин ысымы аталып, алардын жоопкерчилиги боюнча ишине укуктук баа берүү талап кылынат. Бул тууралуу 3-апрелде комиссиянын жыйынында айтылды.

Жыйынга ЖЭБди оңдогон кытайлык TBEA компаниясы Кытайга алып барып келген депутаттар чакырылган. Бирок алардын ичинен КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев гана келди.

Депутаттык комиссиянын жыйынында TBEA компаниясы Жогорку Кеңештин депутаттарын, энергетика тармагында иштеген аткаминерлерди, адистерди Кытайга эки жолу алып барып келгени маалым болду.

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев экинчи делегациянын курамында болгонун, Кытайга барып келүү өкмөттүн тапшырмасы экенин айтты:

Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

- Атайын делегация менен Үрүмчүгө барганбыз. Ал жерде компаниянын чоң кеңсесинде Директорлор кеңешинин төрагасы баштаган жетекчилер менен жыйын болду, ишканалары менен тааныштык. Компаниянын иштери ар тараптуу экен. Булар өтө чоң көлөмдөгү, он чакты миллиард тоннадай көмүр өндүрөт.

Кытайдын көмүрүнүн 36 пайызы Шинжаңда. Анын көпчүлүгүн ушул компания казат экен. Анан сырткары булар эң чоң трансформаторлорду чыгарат. Андан кийин биз кичинекей райондорун кыдырып, ЖЭБдеринин баарын көрүп чыктык. Гуанчжоу деген шаарына бардык. Ал жактагы заводдорду кыдырдык. Компаниянын жетекчилиги, өкүлдөрү коштоп жүрдү, делегация абдан ыраазы болду.

"Азаттык" Кытайга барып келген, бирок депутаттык комиссиянын 3-апрелдеги жыйынына катышпаган азыркы жана мурдагы депутаттардын айрымдары менен байланышты.

КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев комитет жыйынынан колу бошобой калганын айтты:

- Мен депутаттык комиссиянын төрагасына кайрылгам. Так ошол маалда менин комитетте баяндамам бар болчу. Биздин Кытайга сапарыбыз боюнча эч кандай маселе жок. Комиссиянын корутундусу чыксын, ошондо талкуулайлы.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында КСДП фракциясынын депутаты болгон Токтогул Туманов да Кытайга барып келгени менен бул сапар эсинде жок экенин билдирди.

Кытайга TBEA компаниясынын чакыруусу менен Равшан Жээнбеков депутат болуп турганда барып келген. Ал "бул сапар тууралуу депутаттык комиссияга айта турган сөзүм жок" деп билдирди. Ал депутаттык комиссия объективдүү иликтөө жүргүзөрүнөн күмөн санады:

- Адатта кайсы бир чоң компания келе турган болсо, ал компания ошол өлкөнүн өкүлдөрүн өз каражатына алып барып, иши менен тааныштырып, көрсөтүп келген тажрыйба бар. Мени оппозиция катары өздөрү кошуптур, суранган деле эмесмин. Отун-энергетика комитети "тизмеге коштук, барасыңбы?" дегенде макул дегем. Кеңселерин, өнөр жайын көрдүм. Жыйынтыгында ал тургай мен добуш деле бербептирмин. Мындан башка маалыматым жок, депутаттык комиссия чакырса деле аларга айта турган сөзүм жок. Себеби мен ички нерселерин билбейм да. Сыртынан эле "ушундай дурус компания, көрүп келгиле" дегенде эле көрүп келдик.

Мен депутаттык комиссиянын ишин карап жатам. Комиссия объективдүү, терең изилдөө жүргүзүп, терең чечим кабыл албайт да. Комиссияда отургандардын баары эле бийликтин кишилери. Маанилүү маалымат чыкса, ал маанилүү чечим кабыл алууга түрткү болсо деле аягында бийлик каалаган чечим чыгарылат. Биздин тарыхыбыздын баары эле ушундай.

Эмнеси болсо ЖЭБдеги кырсыкты иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия корутундусунун долбоорун даярдады.

Комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов анда энергетика тармагына жооп берген аткаминерлердин аттары аталарын, алардын жоопкерилигин кароо, укуктук баа берүү да сунуш кылынарын "Азаттыкка" ырастады:

- Биз көчмө жыйын кылып ЖЭБди жеринен көргөнүбүздө ошол стратегиялык объектиде кышка даярдыктын жоктугуна ынанганбыз. Аттишке, видео камераларга байланыштуу маселелердин баары ушул депутаттык комиссиянын ишинин негизинде ачыкка чыгып жатат. Биздин депутаттык комиссия кандайдыр бир деңгээлде ЖЭБге байланыштуу маселелерди коомчулукка жаңы жагдайларды, маалымат жеткирип жатат деген ойдомун. Азыр эми "өз максатына жетти же жеткен жок" деп айтуу эрте. Корутунду чыгарылгандан кийин биздин тиешелүү органдар, аткаруу бийлиги ошого жараша чара көрсө - анда максатына жеткен болот.

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморовдун пикиринде, депутаттык комиссияга ЖЭБди оңдош үчүн алынган 386 миллион доллардын сарпталышын иликтөө оор болду:

- Менин оюмча булардын маселеси аябай эле кыйын болуп жатат го. Булардын алдында кырсыктын себеби жана берилген каражаттын туура сарпталышы боюнча эки маселе коюлду. Биринчи маселесинде кандай болуп, кимди күнөөлөп жатканын билбейм. Жалпысынан муну системалык кризис деп айтсак болот. Каражаттын туура эмес сарпталганынын чекесин чыгарып айтышты. "Ашыкча кетиптир" деп сөз болду. Анткени чыгым өтө эле чоң болуп жатпайбы.

Ал арада ЖЭБге байланыштуу маселе саясатташып да кетти. КСДПнын төрагасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөн жуманын аягында ЖЭБдин кышка даярдык көрүү боюнча иштерин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөнүн айтып чыкты. Бул билдирүүгө байланыштуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен Атамбаевдин орун басары Фарид Ниязов экөө ачык кайым айтышты.

3-апрелде Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды.

УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, "Электр станциялары" ААКынын жана "Улуттук энерго холдинг" ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы") беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыдырбаев менен Бримкулов ушул кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, былтыр аягына чыккан жана 30-августта расмий ишке берилген.

Анда заманбап эки блок курулуп, ЖЭБ 300 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 812 мегаваттка жеткени айтылган. Ишти болсо Бээжин бөлгөн насыяга Кытайдын TBEA компаниясы аткарган.

Бирок быйыл 26-январда болгон өндүрүштүк кырсыктан кийин 386 млн. доллар насыя жумшалган долбоор туура эмес ишке ашканы айтылган.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Баткен: чек арада чыккан чыр басылды

Үч-Дөбө, Баткен.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы 3-апрелде болгон чатак тууралуу маалымат берип, чыр басылганын, абал турукташып калганын кабарлады.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, эки тарап чыр-чатак жөнгө салынмайынча чогуу иш алып барышат.

Баткенде 3-апрелде чатак чыккан кыргыз-тажик ара аймагында жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин бүгүн да улантат. Абал туруктуу экенин өкмөттүн обустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүн Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими жолугушат. Чатактан келтирилген чыгымды атайын түзүлгөн комиссия эсептеп жатат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 3-апрелдеги окуяда кыргыз тараптан 17 кишиге таш тийген, анын үчөө ооруканага кайрылып, экөө жаткырылган. Жаңжалда автоунаа жана үйлөргө да зыян келтирилгени айтылды. Бирок алардын саны тууралуу так маалымат бериле элек.

Буга чейин жергиликтүү ​бийлик окуяда жараат алган бир кыргызстандык жаран ооруканада экенин билдирген. Мындан тышкары тажик тараптан бир чек арачы жабыркаганы тууралуу айтылган.

Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузула турган дубал себеп болгону айтылат.

Чек ара кызматы үчдөбөлүк тургун курууга аракет кылган дубал мамлекеттик чек аранын такталбаган участкасында болгонун жана ал жерде кандайдыр бир курулуш жасоого тыюу салынганын маалымдады.

Анын тыюуну эске албай жасаган аракети Тажикстандын Исфара районуна караштуу Кожалы айылынын тургундарынын нааразылыгын жараткан.

Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, кыйкырышып, аягы таш ыргытууга чейин жеткен.

Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган. Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери жергиликтүү тургундар менен жолуккан.

Маалыматка караганда, кыргыз тараптан бир үйдүн чатырына анча чоң эмес зыян келтирилген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы бир чек арачыга таш тийип, жараат алганын кабарлады.

Кыргызстандын чек ара кызматы мындан сырткары Баткендеги бардык чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Мындан мурдараак Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Үч-Дөбө кыштагынын тургундары, Тажикстан менен чектеш аймакта кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жер талаштан улам чатак чыкканын кабарлашкан.

"Фейсбуктун" колдонуучусу Каныбек Алиев аз убакыт мурдараак социалдык тармактарга "окуя болгон Үч-Дөбө айылында тартылды" делген видеону жайгаштырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Билимдүү аялдар көп ажырашабы?

Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).

Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүнө караганда, 2017-жылы жогорку билимдүү жүз аялдын 25и ажырашууга арыз берген. Ошол эле учурда мектепти толук аяктабаган жүз аялдын алтоо ажырашкан.

Бул көрсөткүч эл арасында "аял үйдө отуруп, күйөөсүнүн тилинен чыкпашы керек, аларга билимдин эмне кереги бар?" деген пикирлерге жем таштады.

Эксперттер билимдүү аялдардын ажырашууга бел байлаганы алардын үй-бүлө зомбулугуна каршы туруп, өз укуктарын коргоо аракетине байланыштуу экенин белгилешет. "Азаттыктын" "Аялзат" берүүсүндө ушул теманы талдоого алабыз.

"Аялдар эркекти укпай калды"

Самат бир нече жыл мурда келинчеги менен араздашып, эки айрылыш жолго түшкөн. Анын пикиринде, аял үй-бүлөнүн сакталышына жооптуу.

- Үйдө эркектин айтканы орундалып, аял киши андан бир тепкич ылдый турушу керек. Учурда аял менен эркек тең укуктуу деп коюп, ажырашуу көбөйүп кетти. Мен өзүм беш маал намаз окуйм. Куранда да "Аял күйөөсүнүн уруксаты жок үйдөн чыкпашы шарт" экени жазылган. "Отур" деген жерден жылбашы керек. Мисалы, күйөөсү алыска сапарга кетип баратып, "мен келгиче үйдөн чыкпа" десе каяша айтканга болбойт. Бирок айрым аялдар байы жокто базарга барып, курбуларынын үйүндө түнөп калып жатпайбы. Ошол нерсеге жол берилбеши керек эле. Күйөөнүн айтканынан чыкпаса, эч качан ажырашуу болбойт.

Иллюстрация (Үсөн Акундун сүрөтү)
Иллюстрация (Үсөн Акундун сүрөтү)

Билимдүү жана билим албаган аялдарга байланыштуу статистикалык маалыматтан кийин коомдун бир бөлүгү билимдүү аялдар үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдабай, өзүнө ишенгендиктен ажырашууга барат деген ойлорун ортого салды. Мугалим болуп иштеген Оксана бул тууралуу мындай пикирде:

- Билимсиз аялдар күйөөсү эмне десе ошонун баарын аткарып, "сеники туура" деп отурат да. Чынында азыр акча таап, үй-бүлө баккандар негизинен аялдар.

Бишкекте жашаган Мунира Кенжебаева да жогорку айтылгандарды колдойт:

- Билимдүү аялдардын талаптары, турмушка болгон көз карашы өзгөчө. Билимсиздер көбүнчө үйдө отуруп, коомдогу башка жашоону көп билбегендиктен, жолдошу жаман мамиле жасаса да, "жашоо ушундай турбайбы" деп унчукпайт.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашкандардын саны жыл сайын 9 миңге жетет. 2017-жылы бул сан 9,5 миңден ашкан.

Пенсионер Дамира Жаманкулова ажырашуулар өлкөдө "көндүм адатка айланып баратат" деп кейиди:

- Илгери ажырашуу деген уят эле. Азыр бизнеске айланып калды. Көңүлүнө жакпай калдыбы, жашабай эле басып кетишет. Андай болбойт да. Турмуштун ачуу-таттуусуна чыдаш керек. Менимче, күнөө көбүнчө аялдан кетет. Көтөрүмдүүлүк, сабырдуулук жоголду. Акчанын айынан урушуп жатышат. Кыздардын көбү турмушка чыгарда "ушул жигит менен кантип жашап кете алам?" деп ойлонбойт. Анын үйү, машинеси бар бекен, ата-энеси кандай экен, карыганбы же жашпы деп сурашат. Жашоодо болуп жаткан окуяларды көрүп таң калам. Болбогон бир нерсеге таарынып кетип калгандар бар.

"Аялды сыйлоо жоголду"

Ошол эле кезде ажырашуулар үчүн айыпты кайра эркектердин өзүнө оодаргандар да жок эмес. Ардагер Назарали Исаков коомдогу бул көйгөйдү үй-бүлөнү камсыздоо милдетин алган намыскөй эркектердин азайып кеткени менен байланыштырды:

- Мас болуп ичип жүргөн эркектер көп. Ичип келет же аялын укпайт, эч кимге кулак салбайт. Мындан тышкары аялды аяп, аздектөө, аны сыйлоо деген түшүнүк жоголуп баратат. Ошол себептен үй-бүлөдө уруш чыгууда.

Исламда аялбы-эркекпи билим алышы керектиги жазылган. Эгер коомдун келечегин ойлосок, аялдар билимдүү болушу керек.
Назира Курбанова

Ажырашууну көздөгөн кыз-келиндердин ичинде билимдүүлөр көптүгү тууралуу статистика светтик билимди сындап жүргөндөргө жаккан жок.

Алар соцтармакта кыздарды эрте турмушка берүү ойлорун бөлүшүп жатат.

Теолог Назира Курбанова "окубаган кыздар ажырашпайт" деген пикирди исламды түшүнбөгөндүк катары баалады:

- Мына биз жакында эле Ирандан келдик. Ал жакта аялдардын 60 пайызы жогорку билимдүү. Алар бир нече тил билет, машине айдайт, спорт менен машыгат. Ислам мамлекеттеринде ушундай алга жылуу болуп жатканда бизде "аял үйдө отурушу керек" деп кайра артка кетип жатабыз. Бул көз караш исламдыкы эмес. Эркектердин диний чаласабаттыгы, түшүнбөй эле динге кирип кеткени. Себеби, исламда аялбы-эркекпи билим алышы керектиги жазылган. Эгер коомдун келечегин ойлосок, аялдар билимдүү болушу керек. "Жалаң жогорку билимдүү аялдар ажырашып кетип жатат" дегенге мен макул эмесмин.

"Аялга билим берсең, элди билимдүү кыласың"

Акыйкатчы институтунун үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана гендер бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова билимсиз аялдардын дээрлик баары балага тарбия берүүдөн аксайт деп айтуудан алыс. Ошентсе деле аларга да билим керек деп эсептейт:

- Билимдүү аялдар жакшы үй-бүлө куруп, балдарына мыкты тарбия берет. Коомго жакшы инсанды тарбиялоого салым кошот. Ошол эле кезде билими жок аялдардын укуктарын да тебелегим келбейт. Алар деле колдон келген салымын кошуп жатат. Бирок билимдүү болушса жакшы болмок.

Кыргызстанда жогорку билимдүү кыз-келиндер агартуу, саламаттык сактоо тармагында көп иштейт.

Аскарбек Мамбеталиев
Аскарбек Мамбеталиев

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Аскарбек Мамбеталиев эркектерге караганда аялдын билимдүү болушу үй-бүлө үчүн маанилүү деген ойдо:

- Эркекке билим берсең бир адамды билимдүү кыласың дейт, аялга билим берсең бир үй-бүлөнү, элди билимдүү кыласың. Андыктан билим берип караш керек. Бала тарбияны энеден алат. Эне сабаттуу болсо, өз билгенин балдарына үйрөтөт. Ошондуктан өлкөнү өнүктүрүүгө кызыккандар биринчи кезекте аялдардын билимине, аларды социалдык жактан коргоого көңүл бөлүшү керек. Угуп жүрөм. Азыр ислам дининде кыз баланын светтик билим алышына кызыгуу жок. Диний агитация кыла беришет. Бирок ал диний билим менен үй-бүлөсүн кантип багат? Биринчи кезекте кесипке ээ болушу керек да.

Гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаеванын билдирүүсүндө, бала тарбиялоо, ажырашуу көйгөйлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта жана муну аялдардын билимдүү же билимсиздигине байлоо туура эмес.

Анын айтымында, ажырашуулардын алдын алуу үчүн мамлекеттик деңгээлде үй-бүлө куруу жоопкерчилигин күчөтүп, болочок муунга туура жол көрсөтүү абзел:

Гүлбарчын Жумабаева
Гүлбарчын Жумабаева

- Билимдүү жана билимсиз аялдын ортосунда бала тарбиялоодо айырма бар экенине көзүм жетти. Бизде үй-бүлөлүк зомбулукка да, эрте никеге да эски гендердик стереотипке негизделген тарбия шарт түзүп берип жатпайбы.

Ошол эле кезде Кыргызстан эгемендик алгандан бери сырттан окуп же сабакка барбай эле акчанын күчү менен окууну бүткөндөрдүн саны көп экенин эске алсак, институт, университеттерди аяктап, диплом алгандарды текши жогорку билимдүү деп атоого болбойт. Бул жааттан алып караганда, эки ажырым жолду тандаган аялдар арасында жогорку билимдүүлөр басымдуу деген маалыматтарды четке кагып, аны кагаз жүзүндөгү статистика катары сыпаттагандар да жок эмес.

Жарандык актыларды каттоо кызматкерлеринин маалыматына караганда, жубайлар көпчүлүк учурда "мүнөзүбүз төп келбей калды" деген себеп менен ажырашууга арыз жазат экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Элибиз ден соолугуна кайдыгер

Эрмек Исмаилов.

Тилекке каршы, акыркы жылдары элибиздин медицина кызматкерлерине терс мамилеси күчөп жатат.

Эгерде операция, төрөт убагында кыйынчылыктар болуп, кээ бир татаал учурларда бейтаптын өлүмү менен бүтсө, туугандар медицина кызматкерлерин гана күнөөлүү деп эсептешет.

Мындай убакта бейтап же алардын туугандары калыс баа бере алышпайт, ал эми маалымат каражаттары бейтаптын жана анын туугандарынын айткандарын гана элге кабарлашат.

Маалымат элге жеткенден кийин медицина кызматкерлеринин бир тараптуу каралоо башталат. “Эмне үчүн дарыгерлер сапаттуу жана өз убагында жардам бере алышкан жок?” - дешет.

Бишкектеги дарыкана. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги дарыкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Элестетип көрүнүздөр, кантип дарыгер бейтапка зыян келтириши мүмкүн? Менин оюмча - эч качан! Дарыгердин күнөөлүү экенин атайын комиссия чечет, эгерде чын эле күнөөлүү болсо, анда ал ишинен бошотулат.

Ал эми дарыгер күнөөлүү эмес болсочу? Бейтаптын өз ден соолугуна кайдыгерлик менен кылган мамилесин күнөөлөшөбү? Албетте, жок.

Дарыгер катары бир нерсе капалантат - элибиздин ден соолугуна кайдыгер мамилеси.

Адатта адам ооруса, анда ал адегенде дарыканага барып, фармацевттин сунушу боюнча кымбат баалуу дары сатып алат. Эгерде ал дары жардам бербесе, дарылоонун экинчи бөлүмүнө өтөт - бул дартты Интернет, жакындары, достору, кошуналары аркылуу изилдеп кирет. Ал эми дарыгерге бардык ыкмалардан натыйжа чыкпай, абалы начарлаганда гана кайрылат.

Дарты күчөгөн бейтаптар көбүнчө төмөнкүдөй актанышат:

• "Фармацевттин сунушу";

• "Достордун жана кошуналардын кеңеши";

• "Интернет-эксперттер";

• "Акча каражатынын жоктугу";

• "Кыргызчылык болуп калды".

Биринчи учурда, провизор дарыгердин сунушу болбосо, адамдар өз алдынча дарыларды дайындоого укугу жок.

Экинчи жана үчүнчү учурларда ар бир адамдын организминин өзгөчөлүгүн эске алыш керек. Досторуна жана Интернеттеги адамдарга жардам берген дарылар бейтапка жардам бербеши мүмкүн.

Ооба, биздин убакта дарылануу кымбат турат. Бирок кечээ эле "дарыланууга акчам жок" деген адам кантип бүгүн тойго 5000 сом кошумча алып барып отурат?

Биз кечиккенде же убадаларыбызды кеч аткарганда "кыргызчылык болуп калды" деп кыргыз элинде эң кеңири колдонулган актанган сөзүбүз бар. Бейтаптар да көп учурда ушинтип актанышат. Мындай учурларда бир гана суроо пайда болот - эмне үчүн биздин эл өз ден соолугун эң акыркы орунга коёт? Тилекке каршы, дарт күтүлбөгөн учурда келип калышы мүмкүн.

Бейтаптарды уруша албайсың, акыл айтып койсоң, дароо эле "мен буларды билем, акыл үйрөтпө" деп чыгышат. "Билсеңиз анда эмне кайрылдыңыз?" деп кээде айткың келет. Бирок медициналык этиканы сактоо максатында, унчукпай негизги оорусун дарылай беребиз.

Жакында эле бир кесиптеш туура сөздөрдү айтты: “Өнүккөн өлкөлөрдө жыл сайын алдын-ала медициналык кароо өткөрүлөт, ал эми биз болсо оорулардын кесепеттери менен гана күрөшүүгө мажбурбуз. Генетикалык жактан организмдин кайсы ооруга жакындыгын далилдеп, аны дарылашат.”

Өткөн жылдын аягында ашказан рагы менен ооруган 60 жаштагы бейтап ооруканага жаткырылды. Оорулуунун тарыхынан: жаш убагында гастрит оорусу ашказан жарасына өтүп кеткен, себеби бейтап тиешелүү тамак-аш диетасын сактаган эмес жана зыяндуу адаттарга жакын болгон. Мезгил-мезгили менен амбулатордук жардам алган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир нече жыл өткөндөн кийин арыктап, кыйналып, тамакты жакшы жей албай, уйкусу качып, улам чарчай бергендиктен дарыгерлерге кайрылган. Гастроскопиядан өткөзүп, биопсия алсак ашказаны рак болгону далилденди. Бейтапка операция жасалып, 15 күндүн ичинде жакшы болуп бейтапканадан чыгарылган. "Эмне үчүн өзүңүздүн ден соолугуңузду ушундай абалга жеткирдиңиз?" деген суроого: "Балам, кыргызчылык болуп калды. Рак болуп калат деп ойлогон эмесмин" - деп жооп берди.

Дагы бир мисал: 18 жаштагы кыздын ичи таңга маал ооруй баштайт. Кыз бул ооруга маани бербей дарысын ичип, окуусуна кетет. Кечке чейин оорусу күчөгөнүнө карабай, кайра-кайра дары менен оорусун басып жүрөт. Түн ичинде жалпы абалы оорлошуп, денеси ысып, кусуп, дары-дармектер жардам бербей калганда гана "Тез жардам" чакырып, нөөмөттөгү бейтапканага барышат. Ал жакта дарыгерлер "сокур ичеги" деген диагноз коюшат. Дарыгерлер "дарт өтүшүп кетиптир, ошон үчүн операция да ойлогондон кеч бүттү" деп кабарлашты. Ошондуктан бир жерибиз ооруй баштаганда качан жакшы болуп калаарын күтпөй, дарыгерлерге чалып кеңеш алып же бейтапканага барган оң.

Жакында эле 45 жаштагы бейтапты курч холецистит диагнозу менен жаткырдык, УЗИ кылсак өтүндө таш бар экен. Операцияга дароо алалы десек, оору баянында кошумча дарттары көп экен. 40 жашында инфаркт болуптур, кандын кант оорусу менен ооруйт экен. Анестезиолог бейтапты көрүп, "2-3 күн дарылап, анан операция кылалы" деп кеңеш берди. Толук изилдөөлөрдөн соң бейтапты 3-күнү операцияга алып, 6-күнү үйүнө жибердик.

Дарыгерлерге, бейтаптарга жана алардын туугандарына кеңеш бере турган болсом - бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылып, оору менен чогуу күрөшүүсүн кааламакмын. Ошондо гана силер ооруну жеңе аласыңар! Анткени баарыбыздын максатыбыз бир – айыгып кетүү. Өзүңөргө сак болгула!

Эрмек Исмаилов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы"

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Казак өкмөтү элди өлкө түндүгүнө көчүрүүдө

Казак өкмөтү элди өлкө түндүгүнө көчүрүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:22 0:00

Башкы салыкчынын орун басары кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимовдун орун басары Кубанычбек Кумашовду коррупцияга шектүү катары кармап, убактылуу камакка алды.

Буга чейин УКМК бажы жана салык кызматтарындагы коррупциялык схеманын бети ачылганын, ага ылайык өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткенин кабарлаган. Анын негизинде беш салык кызматкери, эки ишкана жетекчиси камакка алынган. Мамлекеттик салык кызматы азырынча маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов салык жашырууга жана кошумча нарк салыгын жасалма түрдө кайтарып берүүгө байланыштуу буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектүү катары 2-апрелде кармалды.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, Кумашов азыр УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалууда:

УКМК.
УКМК.

- УКМК тарабынан “Полларис” жана “Интеррустрейд” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна карата мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын мыйзамсыз түрдө кайтарып берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коррупцияга шектүү катары Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды.

УКМК бажы жана салык кызматтарынын өкүлдөрү катышкан коррупциялык схеманын бети ачылганын жарыялаган болчу. Комитеттин маалыматына ылайык, бул эки кызматтын жана Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан схеманын кесепетинен акыркы эки жылда өлкө бюджетине 217 миллион сом зыян келген.

Башкача айтканда, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан.

Ошондой эле коррупциялык схема боюнча, фискалдык жана көзөмөл органдарындагы айрым кызматкерлердин катышы менен товарлар тутумдашкан ишканалар тарабынан "кошумча нарк салыгы өзүнчө төлөнгөн" деп белгиленип, мамлекеттик бюджеттен төлөнүп жүргөн.

УКМК кылмыш ишинин алкагында жети кишини Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан ашкере пайдалануу” беренелери боюнча кылмышка шектүү катары камакка алган. Анын бешөө салык кызматкерлери.

Мамлекеттик салык кызматы бул окуяга азырынча комментарий бере албай турганын билдирди.

Ал ортодо премьер-министр Сапар Исаков Кубанычбек Кумашовду Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан алуу жөнүндө буйрукка кол койду. Анын ордуна Замирбек Чекирбаев дайындалды.

42 жаштагы Кумашов 1997-жылдан бери ушул тармакта иштеп келатат.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлыгына 2013-жылы бул кызматты ошол кезде жетектеп турган, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Исхак Масалиевдин сунушу менен келген. Масалиев экспортко чыккан товарлардын кошумча нарк салыгын төлөп берүү боюнча маселе мурдатан болуп келгенин, бирок мында салык кызматкерлерин гана айыптуу кылып коюу туура эмес экенин белгилеп жатат.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Илгертен бери кайтарып берүү деген балекет. Товар алып келгенде жарандар кошумча нарк салыгын төлөйт. Кийин ошол товарды чет өлкөгө алып чыкканда ошол кошумча нарк салыгы кайтарылып берилет. Ал накталай берилбейт, кийинки алынып келген товар ошонун эсебинен төлөнүп алынат. Бирок бул зыян алып келет, анткени кийинки төлөмдө толук жетпей калат. Чет өлкөдө кошумча нарк салыгын накталай кайтарып беришет, бизде накталай эмес, кийинки импорттук товарга которуп коюшат.

Кубанычбек Кумашов өкмөт бекиткен кошумча нарк салыгын кайтаруу жана ордун толтуруу боюнча комиссиянын мүчөсү болгон. Бул комиссияга экономика министринин орун басары төрагалык кылып, ага Экономика, Финансы министрликтеринин, салык, бажы кызматтарынын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жана башка мекемелердин жогорку даражадагы аткаминерлери кирет. Эл өкүлү Исхак Масалиев бул иштерге комиссия толугу менен жооптуу деп эсептейт.

- Эгер ошол комиссиянын бардыгын бир топ кылса, мен түшүнөт элем. Барып-барып эле салык кызматын күнөөлүү кылган туура эмес. Алар чечим чыгарбайт. Ал жерде бажы кызматкерлери аралашат, алар келди-кетти товарлардын документтерин сактайт. Салык кызматы эсеп-кысабын чыгарат. Экономика министрлигине караштуу мекеме аралык комиссия иштеп жыйынтык чыгаргандан кийин анан болот. Комиссиянын ичинде Коррупцияга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү бар болсо керек, ошол жылдары. Ошондуктан "коррупцияны ачтык, кыйынбыз" деп шашпаш керек. Кимиси сотко жетет, кимиси жарым жолдо калат? Канча жолу ушундай болгон.

Коррупциялык схеманын бетин ачуу боюнча Мамлекеттик салык кызматы соңку эки айдан бери текшерилип жатканы да белгилүү болду.

"Коррупцияга каршы күрөш боюнча ишкерлер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова башкы команда бергендер кармалмайынча коррупциянын тамыры кыркылбай турганын айтып жүрөт.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- Азыр ортоңку катмарга гана чабуул коюлуп жатат - демек биринчи катмар тазаланып бүтө элек. Бул мамлекеттик кызмат. Ошондуктан экинчи катмар мамлекеттик органдын башында турган кишинин тапшырмасын аткарат, алар өзү билип ишти алып бара албайт. Чечимди ким кабыл алат? Жоопкерчилик ошондо көбүрөөк болот. Биринчи эшелонду тазалабай туруп, кийинкисин кармаган көп деле натыйжа бербейт. Бул убактылуу болуп калышы ыктымал. "Ар бир мамлекеттик орган өзүн өзү тазалап чыгышы керек" деген өкмөттүн токтому бар. Бирок ал жетиштүү болбой жатат. Коррупция менен кайсы органдар мамлекеттик деңгээлде күрөшүп жатат? Бул укук коргоо органдары жана сот системасы. Биринчи учурда коррупция менен күрөшкөндөр өздөрү таза болушу керек.

Буга чейин Башкы прокуратура "Товарды экспортко чыгарган" деген жасалма документтер аркылуу аталган комиссия чыгарган чечимдердин мамлекетке жалпы зыяны 847 миллион 441 миң сомду түзгөнүн билдирген.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечими менен сот, укук коргоо жана милиция органдарындагы коррупцияны жоюу милдеттендирилген. Эксперттер коррупцияга жол ачкан жылчыктар дагы эле бар экенин белгилеп, бул күрөш эл көзүнө, тандалма жана сандар үчүн гана болбошу керек деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Активисттер: Мэр жоопко тартылсын

Активисттер: Мэр жоопко тартылсын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

“Майыпка баш кошконго үй бермекмин”

“Майыпка баш кошконго үй бермекмин”
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Фаик: Каным азери, жүрөгүм кыргыз

Фаик: Каным азери, жүрөгүм кыргыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:26 0:00

ЖЭБ: аттиштин баасы, аткаминерлердин жообу

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште Бишкектеги ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын 2-апрелдеги жыйынына экс-премьер-министрлер, мурунку жана азыркы өкмөт мүчөлөрү чакырылды.

Анда ЖЭБди оңдош үчүн кытайлык TBEA компаниясы менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы, андагы талап-шарттарга байланыштуу суроолор берилди. Баасы 600 долларлык аттиш, 300 долларлык видеокөзөмөл камералар боюнча талаш-тартыш чыкты.

Депутаттык комиссиянын соңку жыйынында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев "Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында курулган жылуулук электр борборунун баасы "Кыргызстандыкынан алда канча арзан" деген дооматтар негизсиз" экенин билдирди. Андан сырткары баасы 600 долларлык аттиш, наркы 300 доллар турган видео көзөмөл камералары боюнча түшүндүрмө берди:

- Ал акча жалгыз эле видео камералар эмес өчүрүп-күйгүзүү системасына да каралган болчу. Ошонун баары чогуу каралган. Ал жерде 400 килограммдан ашык кабель колдонулган. Канча метр болгонун так айта албай жатабыз, бирок "20 чакырымдын тегерегинде түйүн тартылган" деп айтып жатышат. Аттиштер боюнча, чындыгында ал жерде 18 түрлүү жабдуу салынган чемодан болгон. Андан сырткары вулканикалык 20 метрдин тегерегинде эки чоң резина болгон. Адистер да "бул резиналар бүгүнкү күндө базарда да сатылбайт, бул атайын жасалган, жамап, үзүлгөндө тигиле турган резина" деп айтып жатышат. Котормосунда эле "аттиш" деп жазылып калган, чындыгында бул жабдуулардын топтому.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

​Мындай жооп депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрүн ынандырган жок. "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов "Улуттук энергохолдингди" "жалган маалымат берип жатат" деп айтып чыкты:

Чынында ал жерде 123 камера коюлган, анын болгону сегизи гана отко-сууга чыдамдуу камералар. Калганын баары эле жөнөкөй эле камералар.

- Маселе көтөрүлгөндөн кийин, эки жума өткөн соң актанып чыккандын кимге кереги бар? Эмне үчүн комиссиянын өткөн жыйынында, суроо берилген убакта жооп бере алышпайт? Былтыр алынган аттиш эмне себептен алигиче кампада турат?

Аны колдонуш керек эле да. Азыр эми "бул эки чемоданды базардан эле сатып барып кампага коюп коюшкан, комиссиянын жыйынында "бир аттиш эмес, эки чемодан болгон" деп айтылсын" деген сөздөр болуп атат. Азыр "128 видео камера коюлду" деп айтып жатат. Чынында ал жерде 123 камера коюлган, анын болгону сегизи гана отко-сууга чыдамдуу камералар. Калганын баары эле жөнөкөй эле камералар. Коомчулукка ушундай бурмаланган маалымат берүү туура эмес.

Депутаттык комиссиянын жыйынына мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чакырылганы менен келген жок. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо үчүн келишим түзүлүп жаткан чакта экономика министри, андан кийин премьер-министр болгон Темир Сариев "авариянын ЖЭБди оңдоо иштерине тиешеси жок" деп билдирди:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- ЖЭБди оңдоо сөзсүз түрдө керек болгон. Биз муну кечигип жасадык. Экинчиден сапаты жагынан бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган эки агрегат курулду. Биз кошумча 300 мГв кубаттуулук алдык. Экологиялык жактан бардык нормаларга жооп берет. Кыргызстандын көмүрүн колдонгонго толук шарт түзүлдү. Ички энергетикалык коопсуздукту сактайт. Авария - бул таптакыр башка маселе. Ал жерде өкмөттүн кышка даярдыгы жана көзөмөл боюнча маселе бар.

​Жыйында келишимдин юридикалык жактары боюнча суроолор берилди. Мурунку юстиция министри, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фрациясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов келишим боюнча бардык укуктук жол-жобо жасалганына токтолду:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Бул жерде эки келишим түзүлгөн. Биринчиси - кыргыз өкмөтү менен "Инэксимбанктын" ортосундагы келишим. Ага ылайык, 386 миллион долларды банк берет, өкмөт алат. Андай акчаны биз акыркы алты жылдан бери алып жатабыз. Андан сырткары өкмөт менен TBEAнын ортосундагы өзүнчө келишим болгон. Ал жерде "TBEA канчага жасап берет, канча акча кетет, канчага бүтөт" деген өзүнчө сүйлөшүү жүргөн. Бул келишимде мына Артыкбаев, Рыспаев, Салимов, Жамгырчиева, Калиев, Муканбетов, Байгөнчөков, Кравцов, Шаршеналиев, Азизов, Воропаев - мына ушул топ талкуулаган.

"Канча агрегат болуш керек, ЖЭБдин канча пайызы жаңыланышы керек дегени Юстиция министрлигинин маселеси эмес" деп мен өзүмдүн орун басарымды чакыртып алгам. "Инэксимбанк" боюнча келишимди парламент ратификацияган, президент кол койгон.

Комиссиянын жыйынында "келишим түзүлүп жатканда кыргыз тараптын кызыкчылыгы жакшы корголбой калган" деген доомат айтылды. Келишим түзүлүп жаткан чакта энергетика жана өнөр жай министри болуп турган Осмонбек Артыкбаев баа боюнча талаш-тартышты такташ үчүн эл аралык эксперттерге кайрылууну да сунуш кылды:

Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

- Мүмкүн сиздер эл аралык эксперттик топту жалдасаңыздар, алар "баасы чын эле арзан болгонбу же кымбат болгонбу" деп иликтеп, талдап карап чыкса болот да. Депутаттык комиссия ушундай иш кылса жакшы болот эле. Кытай өкмөтү жеңилдетилген насыя берип жатса, бул биздин мамлекетке карата жасаган оң саясаттын негизинде, биздин өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын чечип жаткан маселе. Эгерде ошол жерде бүдөмүк ой болсо, сиздер Кытай мамлекетине кайрылып, анын жагдайын сурап көрбөйсүздөрбү?

Комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев TBEA компаниясынын тандалышына байланышкан жагдайга кызыкты:

- "Элчинин кеңешчиси кат жөнөтүп, "ушул компания менен иштейсиңер деген" деп ушул маселенин айланасында көп сөз болуп жатат. Ушул боюнча маалымат берип койсоңуздар. Министрликтен расмий кагаз келдиби? Бүдөмүк болуп калып жатат, ачык билбей жатабыз.

Тышкы иштер министри Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен ушундай мазмундагы кат келгенин ырастады:

Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

- Ооба, ушундай болгон, кат бизге келген. Кеңешчи эле эмес, элчи өзү да "ушул компания менен иштейсиңер" деген сунушун киргизген. Өзүңөр билгендей, бир канча убактан кийин да бир "Смэк" деген кытайлык компания чыккан. Биз кытай элчилигине дагы бир жолу "Бул боюнча силердин позицияңар кандай?" деп расмий нота жибергенбиз. Жообун да алганбыз. Алар "TBEA буйрутманы аткара турган жалгыз компания" деп жооп беришкен. ​

ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 3-апрелде да жыйынын улантат.

УКМК ЖЭБдеги аварияга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде өткөн аптада өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев сурак берген. "Момуналиевдин жакын тууганы түзгөн" деп кеп болгон компания Жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн жасалма тендер, ири өлчөмдө акча кымырып алуу фактысы боюнча айыпталып жатат.

ЖЭБ: кырсыктын жаңы жагдайлары
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:52 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ чыры: ким күнөөлүү?

КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысына жооп кайтарды.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди.

Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди. Анда Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун "кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге алдырбоо тууралуу досуна жана мамлекет башчысына кеңеш” деп сыпаттаган.

- Биринчиден, азыркы премьерге жапырт чабуул коюу айтылуу "Райым миллиондун" бажыдан кетишине нааразы болгондор тарабынан уюштурулган деген божомол айтылган. Экинчиден, экс-президент 2016-2017-жылдардагы жана 2017-2018-жылдардагы кышкы мезгилге ЖЭБдин жабдуусун ремонттоо үчүн келишим Жээнбеков өкмөттү жетектегенде эле түзүлгөнүн эске салды. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Кытайдын насыясынын алкагында ЖЭБди реконструкциялоо менен ишкананы жыл сайын оңдоону алмаштырбашы керек. Бул жерде жыл сайын 280 миллион сомго чейин бөлүнгөн ремонт тууралуу сөз болуп жатат", - деп жазылган КСДПнын Фарид Ниязовго шилтеме берип тараткан маалыматында.

Жээнбеков-Атамбаев: “достук” күчүндөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:11 0:00

Андан мурда президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбаевдин 31-мартта маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө расмий жооп кайтарылбай турганын маалымдаган.

- Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Атамбаевдин билдирүүсү күтүүсүз болгон жок, анткени бул сөздөрдү алар курултайдан эки күн мурда сүйлөшүп, бирок ар бири өз позициясында калышкан. Жыйынтыгында экс-президент Атамбаев президент Жээнбековго карата өзүнүн таарынычын ачык жарыялады, - деп айткан Толгонай Стамалиева.

- Белгилеп коюучу нерсе - Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Модернизациялоо боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. Ал эми модернизацияланган Бишкек ЖЭБи 2017-жылы 30-августта ишке берилген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ишин 21-августта өткөрүп берген. 2017-2018-жылдын кыш мезгилине даярдык маселесинде Сооронбай Жээнбековдун катышы жок, - деп кабарлаган президенттин басма сөз катчысы.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 31-августта өзү төрага болуп шайланган КСДПнын он жетинчи курултайынан кийин Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп жатып, президент Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши "адаштырган маалыматтарды берип жатканын", Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырууга тийиш экенин жарыялаган.

Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка да Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн белгилеген.

Атамбаев: Мен айтпасам, ким айтат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:13 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тохиржанды жалдыраткан жарандык маселеси

Тохиржан Толкунжан уулу.

Тохиржан буга чейин "паспорт алып берем" деген ортомчуларга акчасын алдатып, эми анын ишин укук коргоо кыймылы өз көзөмөлүнө алды. Тийиштүү адистер жарандык алуу процесси көп убакыт талап кылаарын билдиришет.

Жалал-Абад шаарындагы дөңгөлөк желимдөөчү жайлардын биринде уста болуп иштеген Тохиржан "паспорт колума тийсе аскерге кызмат өтөгөнү кетем" деп камынып турат. Бирок атасы өзбекстандык, апасы кыргызстандык жигиттин колунда эч кандай документи жок болгондуктан, армияга кабыл алынбай жатат.

Атам өзбекстандык экенин, апам бул жакта каза болуп калганын айтсам, "анда апаңдын каза болгондугу туралуу кара кагазын алып кел" деди.

- Аскерге барып кызмат өтөйүн десем, колумда паспортум жок. Ошол себептүү 2014-жылы паспорт столуна алайын деп барсам, бир топ документтерди жазып беришти. Бирок мен атам өзбекстандык экенин, апам бул жакта каза болуп калганын айтсам, "анда апаңдын каза болгондугу туралуу кара кагазын алып кел" деди. Мен сотко берип, араңдан зорго ошол документти таптым. Бирок баары бир аны менен эле иш бүтпөйт экен.

Тохиржан Толкунжан уулу 1995-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Өзбекстандын жараны болгон атасы Толкунжан Усманов 1997-жылы кыргызстандык апасы менен ажырашып, Андижанга кетип калган. 2 жаштагы Тохиржан ошол кездери таенесинин колунда калып, апасы башкага турмушка чыккан соң 2000-жылы кайтыш болгон. 2010-жылы таенесинин көзү өтүп, ал таекелеринин багуусунда калган. Эрезеге жеткен соң паспорт алуу түйшүгү пайда болуп, орто жолдо шылуундарга да алданган экен.

- Жалал-Абад шаардык паспорт-виза бөлүмүнө биринчи жолу эжем менен барганда "атасы өзбекстандык экен, ал жактан биз билдирүү алышыбыз керек. Мен сиздерге жардам берем" деп Алмаз аттуу кызматкери бизден 200 доллар акча алган. Анткени Ташкентке барып атам тууралуу маалымат алып келээрин айткан. Бирок ал ишин аягына чыкпай, Өзбекстандан документ алып келе алган жок. Ошол бойдон жок болуп кетти. Азыр ал кызматкер ал жерде иштебей калыптыр. Мен өзүм шардагы №21 мектепте 5-класска чейин гана билим алгам. Андан соң турмуш шартка байланыштуу мал багып, түрдүү жумуштарда жалданып иштеп жүрдүм.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылы Тохиржан “Справедливость” укук коргоо уюмуна паспорт алууда жардам сурап кайрылган. Алардын көмөгү менен анын атасы тууралуу билдирүү Өзбекстандан алынып келинип, учурда комиссиянын кароосуна берилди. Бул тууралуу уюмдун юристи Нурислам Раимжанов айтып берди:

- Бул бала бизге бир жыл мурун кайрылган, ага чейин 3 жыл мурда да Мамкаттоого паспорт алыш үчүн барган экен. Ошентип Тохиржан 4 жылдан бери паспорт ала албай жүрөт. Биз бул баланын маселеси боюнча шаардык Мамкаттоого барсак, "Өзбекстандан атасы тууралуу билдирүү алып келиш керек" деп баш тартып коюшту. Бишкек шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өзүнө барып кайрылдык, алардан да жыйынтык болгон жок. Акыры уюм өзүбүз Өзбекстанга билдирүү жөнөтүп, атасы Толкунжан Усманов тууралуу жана Тохиржан ал жактын жарандыгын алуу боюнча кайрылбаганы тууралуу кат алдык. Бул иш боюнча биз сотко кайрылсак, "Мамкаттоо өзү чечет" деп жооп берген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Исмаилова бизге мындай маалымат берди:

- 2017-жылдын октябрь айында Тохиржан Толкунжан уулу бизге паспорт алыш үчүн кайрылган. Бала 18 жашта убагында паспорт алган эмес. Ошондуктан атасы Өзбекстандын жараны болгондуктан атасы тууралуу жана Тохиржан ал жактан жарандык алыш үчүн кайрылбагандыгы тууралуу бизге маалымат керек болчу. Ал маалымат бизге ушул жылдын 19-март күнү келген. Келе жаткан шаршемби күнү комиссияда бул баланын документтерин карап, "жарандыгы жок адам" деп чечим кабыл алабыз. Андан соң жарандык алууга документтерин чогултуп, Бишкекке жөнөтөбүз. Бул процесс президент кол койгончо 3 айлык же андан ашык мөөнөттү талап кылыш мүмкүн. Кудай буюрса быйыл бул бала бизден паспорт алат.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесине (“Туулгандыгы боюнча жарандык алуу”) ылайык "бала туулган учурда ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгында турса, ал эми бири жарандыгы жок же белгисиз адам болсо төрөлгөн жерине карабастан бала Кыргызстандын жараны болуп саналат" деп көрсөтүлгөн. Ошол себептүү “Справедливость” укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов "Мамкаттоо мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай жатат" деди.

Бул балада апасынын паспорту жана өзүнүн ушул жерде тулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар, ушул документтердин негизинде жарандык алса болот болчу.

- Бул баланын Кыргызстанда туулуп, ушул жерде жашаган жөнөкөй жаран катары жарандык алууга толук укугу бар. Жарандык жөнүндөгү мыйзамдын 9-беренесине (“Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөгөн документтер”) ылайык - бул балада апасынын паспорту жана өзүнүн ушул жерде тулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар, ушул документтердин негизинде жарандык алса болот болчу. Бирок эмнегедир паспорт берүү бөлүмү ишти артка жылдырып келе жатат. Паспорту жок бул баланы кээде милиция кызматкерлери да кармап кетет экен. Андыктан эртерээк ага паспорт зарыл болуп турат.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын жарандыгы 1200дөн ашуун кишиге берилсе, алардын 154ү балдар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Тажикстандын мурунку жарандары жана тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар. Ал эми кыргыз жарандыгынан 629 киши чыгарылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Айдоочулардын акциясы Бишкекти жүдөттү

Бишкек. 2-апрель, 2018-жыл.

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда транспорттук кыйынчылык түзүлдү.

Айдоочулар милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу, айыппулдун көлөмүн азайтуу жана тарифти көтөрүү сыяктуу бир катар талаптарды коюшту.

Бишкектин мэриясы коюлган радикалдуу талаптар аткарылбай турганын билдирип, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотула турганын жарыялады.

Нааразылыктын себептери

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары баш калаанын 12-кичирайонуна чогулуп, өз талаптарын коюшту. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандырууга өтүү боюнча токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришти. Ошондой эле айдоочулар жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары жерлерден алууга карата айыппулдун көбөйүшүнө каршы экенин айтышты.

Айдоочу Азаке Алыбаев иш таштоого себеп болгон жагдайларга токтолду:

Жашоо кымбат. Биз ала турган жол кире болсо качантан бери көтөрүлө элек. Солярканын баасы 42 сомго чыкты.

- Жол киренин өлчөмү он сом. Ошол эле кезде айыппулдун өлчөмүн көбөйтүп жатышат. Жашоо болсо кымбат. Биз ала турган жол кире болсо качантан бери көтөрүлө элек. Солярканын баасы 42 сомго чыкты. Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери болсо "эң төмөнкү айыппул" деп миң сомдон жазага тартып жатат. Үйгө алып барганга эч нерсе калбай жатат.

Башка бир айдоочу Нуржигит Билал уулу жол киренин өлчөмүн көтөрүүдөн тышкары аларды кыйнап жаткан башка да жагдайлар бар экенин айтты. Анын айтымында, маршруттук таксилердин айдоочуларын чыгымга учураткан себептер көбөйүп кеткен:

- Биздин нааразылык милдеттүү түрдө камсыздоо полисин киргизүү менен жанагы "кемселдерди сатып алгыла" деп таңуулагандан башталды. Аны бизге 750 сомдон сатып, мажбурлап жатышат. "Ар бир отургучка 140 сомдон камсыздоо полисин алгыла" деп кыйнап жатышат. "Жол кирени көтөргүлө" деле дебейт элек. Бирок ошончо чыгымды биздин мойнубузга илип жатышса, биз акчаны каягына жеткиребиз?

Бишкек мэриясы жүргүнчү ташуучу ишканалар менен 26-31-март күндөрү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, 2-апрелде саат таңкы 6:00дөн тартып алдын-ала маалымдабастан маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганын белгиледи.​

Айдоочунун талабы, жүргүнчүнүн убарасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Мыйзамдуулукту сактоо талабы

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда автобус-троллейбустар гана иштеп жаткандыктан, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү.

Айдоочулар менен Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий жана жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги жолугушту.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев айдоочуларды мыйзамдуулукту сактап, жумушка чыгууга үндөдү:

Нур Сатыбалдиев.
Нур Сатыбалдиев.

- Мисалы биздин эле жаран чек арадан ары Кордойго өткөндө, тартипти сактап, жай айдап калат. Себеби ал жакта мыйзам катуу экенин билет. Айыппулдардын өлчөмү да жогору. Биз ошондой эле талаптарды өзүбүзгө коюп, өзүбүздүн мыйзамдарды сыйлап, иш алып барсак эмнеге болбосун? Биз бири-бирибизди туура түшүнөлү. Сиздер айткан маселелер тууралуу жетекчиликке айтып барып, алардын баарын чекесинен чечели. Андан көрө азыр бул жерде турбай, жумушка чыгыңыздар. Сиздер айткан талаптарды акырындык менен чечебиз.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жүргүнчү ташуучу ишканалардын кожоюндары менен жолугуп, алар көтөрүп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок ал ириде жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек экенин эскертти.

Өкмөт башчысы Сапар Исаков жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы коррупциянын тамырын кырку маселесин көтөрүп, айдоочулардын койгон талаптарын изилдеп чыгууну тапшырды.

Көктөмдө көтөрүлгөн маселе

Ошол эле убакта Интернеттеги социалдык тармактарда айдоочулардын иш таштоосун уюштурууга атайын шыкак берген күчтөр бар" деген пикирлер тарады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Гуля Алманбетова айдоочулардын маселелери көп жылдан бери чечилбей келе жатканын айтып, жөнөкөй талаптар эми саясатташып баратканын белгиледи:

Гуля Алманбетова.
Гуля Алманбетова.

- "Саясат" деп эле жаз келгенде буга чейинки топтолгон маселелердин баарын көтөрүп чыгышууда. Ошол боюнча туура эмес сөздөр болуп жатат. Бирок айдоочулардын нааразы болушуна негиздер бар. Жүргүнчүлөрдү ташыган 48 компания бар. Алардын кожоюндарынын баары коомчулукка белгилүү депутат, аткаминер болуп жүргөн адамдар. Анан жолдо жүрүүнүн коопсуздугу оор абалда турганда ошол компаниялар же мэрия айдоочулардын шарттарын оңдоп беришсе боломк. Бирок абал өзгөрүүсүз бойдон калууда. Ошондуктан көптөн бери топтолуп жүргөн нааразылык азыр минтип сыртка калкып чыкты.

Анткен менен шаардагы жүргүнчү ташыган компаниялар айдоочулардын иш таштоосуна эч тиешеси жоктугун айтышты. "Лига" жүргүнчү ташуу ишканасынын жетекчиси Бешболуш Матисаков коюлган талаптар күнүмдүк маселелерге байланыштуу экенин айтып, нааразылык акциясына чыккандардын артында кандайдыр бир күчтөр жок экенин айтты:

- Жалпы айдоочулар иш таштады. Бийликтен реакция болду. Көйгөйлөр угулду. Бул жерде күнүмдүк көйгөйлөр топтолуп отуруп, "учкундан жалын тутанат" дегендей болду. Бул жерде кайсы бир тараптын чагымы жок. Айдоочулар артында аларды шыкактап турган күчтөр жок. Алар өздөрү топтолуп келген көйгөйлөрүн айтып чыгышууда.

Бишкекте күн сайын үч миңден ашуун маршруттук такси 119 каттам боюнча жүргүнчү ташууга чыгат.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы Бишкекте маршруттук унаалардын катышы менен 252 жол кырсыгы катталган, андан эки адам набыт болгон, 408 адам түрдүү жараат алган. 2016-жылы 136 жол кырсыгы катталып, сегиз киши мерт болуп, 211 адам түрдүү жаракат алган.

"Азаттыктын" архиви: Бишкектеги маршруттук таксидеги аварияда Токтокан Райымбекова колунан ажыраган. 2016-жыл

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жээнбеков-Атамбаев: “достук” күчүндөбү?

Жээнбеков-Атамбаев: “достук” күчүндөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:11 0:00

Назгүлдүн жаштарга дем берген жаңы жашоосу

Назгүлдүн жаштарга дем берген жаңы жашоосу
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:03 0:00

Тооктун эти тойдун эртесин тополоң кылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашты.

Ууланган жарандардын саламаттыгы акырындык менен калыбына келип жатканын дарыгерлер белгилешти.

Жапырт ууланууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, аталган ресторан убактылуу жабылды. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы ресторан жетекчилигине айыппул салды.

Ушул күндөрү Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына бейтаптар батпай, алардын бир бөлүгү коридорго коюлган кошумча керебеттерде жатып дарыланууда.

Жыпара Алыбаева күйөөсү экөө "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойго барган. Үйгө келгенден кийин өздөрүн жаман сезип, кусуп, дене табы көтөрүлгөндө "Тез жардам" чакырышкан.

Жыпара үлпөт тойдо үстөл үстүнө коюлган бардык даамдан ооз тийишкенин, бирок балык менен тооктун даамы башкача болгонун айтты. Ал ушунча элдин убалында калган ресторан жетекчилигине чара көрүү зарыл деп эсептейт.

- Тойдо жакшы эле отурганбыз. Ал жактан үстөлдөгү даамдын баарынан ооз тийгенбиз. Тооктун, анан балыктын даамы башкача болчу. Үйгө да кешик ала келгенбиз. Анан ушинтип ууланып калдык. Азыр жолдошум экөөбүз дарыланып жатабыз. Башында жегенибиз аш болбой жаткандай болду. Жолдошум өзү оорукчан, азыр да кыйналып жатат. Ресторан ээлерине катуу эле чара көрсө дейм.

Тойго баргандар тоок этине ууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

​Үйлөнүү тоюна келген коноктор гана эмес, той ээлери, жаңы келген келин Асел Жээналы кызы дагы ууланган. Ал бардык малды үйдөн сойдуруп алып келип беришкени гана болбосо, калган тамак-аш, салаттар ресторанда жасалганын айтты.

- Тойдо көп деле тамак жеген эмесмин. Эртеси ресторандан алып келген тамак-ашты жегенбиз. Кечки бештерде кайненем өзүн жаман сезип "Тез жардам" чакырдык. Андан кийин эле мен куса баштадым. Дене табым көтөрүлүп, муздак тер куюла баштады. Малды касапчыга сойдуруп алып келгенибиз эле болбосо калган тамак-аштын баары ошол жакта жасалган. Өзүм түшкө чейин жакшы болуп калдым эле, азыр кайра кыйналып жатам.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда 31-мартта “Ала-Тоо” ресторанында өткөн үлпөт тойго Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Казакстандан 190дон ашуун конок келген.

Ошол той дасторконунан тамак жеп, уулангандардын саны 184кө жеткенин, алардын 110у Бишкекте, 24ү аймактардагы ооруканаларда, дагы элүүгө жакыны үйүндө дарыланып жатканы белгилүү болду.

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчи орун басары Айнура Узакбаева буларды билдирди.

- Ооруканага 150дөй бейтап кайрылып, анын 110у дарыланып жатат. Алардын 19у 14 жашка чейинки балдар. Ооруканада алты бөлүм ачылды.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору баштапкы маалымат боюнча ууланууга тоок же балык эти себеп болушу мүмкүн деп айтууда. Жабыркандар козу карын, баклажан кошулган салат да жешкенин да айтышкан. Так жыйынтык 4-апрелде чыгары белгилүү болду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынганын Бишкек шаардык санэпидем көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Мухамад Мурзашев маалымат жыйынында билдирди.

- 1-апрелден баштап ресторан жабылды. Массалык уулануу фактысынын себептери аныкталганга чейин ал жабык турат.

Ресторандын ээлери текшерүү бүткөнчө түшүндүрмө берилбесин айтышууда.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү массалык уулануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256, ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") жана 258-берененелери ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, тергей баштады.

Коомдук тамактануучу жайларынан адамдар буга чейин да нечен жолу ууланган. Ошондон кийин сырттан тамак-аш алып келүүгө тыюу салынган. Бирок адистер соңку беш жылдан бери мынчалык деңгээлдеги жапырт уулануу болбогонун айтып жатышат.

Бишкекте миңге жакын коомдук тамактануучу жайлар бар. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-апрелден баштап алардын талапка жооп берер-бербесин билдирген стикерлер бериле баштайт. Талапка жооп бергенине жашыл, орто болсо кызыл, "жооп бербейт" дегендерге сары түстөгү белги тапшырылат.

"Азаттыктын" архиви: Ууланган тамак-аш. 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG