Жогорку Кеңеште Бишкек жылуулук электр борбору боюнча талкуу соңуна чыкты.
Жогорку Кеңеш “экс-президенттер оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу механизмдерин иштеп чыгуу” сунушун колдоду. Бул демилге коомчулукта учурдагы жана мурдагы президенттердин мамилеси талкууланып жаткан учурда көтөрүлүп жатат.
Жогорку Кеңеш Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун негиз кылып токтом кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков сот адилеттигин орнотууга саясий эрки жетерин айтты.
Москвалык студенттер жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын сахналаштырып, аны жазуучунун айылдаштарына тартуулашты.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңеште сүйлөп жатып, элдин 70 пайызы сотторго нааразы экенин айтты. Ал соттук реформаны тездетип, сөздөн ишке өтүүгө чакырды.
Бишкек мэри Албек Ибраимов борбордун түштүк аймагындагы жер чырына байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал 22 жаштагы студентке 2,86 гектар жана экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин туугандарына 2,16 гектар жер ижарага мыйзамдуу берилгенин айтты.
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун баяндамачысын какты.
Мамлекеттик бюджеттен Башкы прокуратурага бөлүнгөн каражат кайрадан талкууга түштү.
Бишкектеги “Галерея М” көркөм сүрөт галереясында "Ызы-чуудан алыс" аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат.
Ошто курулганына беш жыл болгон көпүрө колдонууга бериле элек. Мунун айынан Ак-Буура конушунун тургундары эки чакырым жолду айланып өтүүгө аргасыз.
Коррупциялык кылмыш иштери боюнча сот аркылуу өндүрүлгөн каражаттар эми атайын эсепке топтолот.
Дагы жүктөңүз