“Балама”, “Койчунун ыры”, “Күн чыгышым”, “Ак куулар сени сагынаар” өңдүү обондуу ырлар аркылуу кыргыз үнүн алыска тааныткан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева быйыл жетимишке чыгат. Ал бүгүн карылыгын үй-жайсыз, жупуну жашоодо өткөрүп жатат. Кыргыз филармониясындагы К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин 60-80 жылдардагы солисти, советтик таланттуу ырчы “Азаттыкка” келип, “сыябан-маек” курду.