Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:48

Кыргызстан

Оштогу чоң муштумдардын чоо-жайы

Түнкү Ош.

19-июнда Оштогу эс алуу жайында тартылган мушташтын кыска видеосу Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Видеодо эч кандай каршылык көрсөтпөй турган балдарды эки жигит кезеги менен жаак талаштыра койгулап жатканы даана көрүнөт. Көп өтпөй Ош шаардык милициясы видеодогу мушташ Оштогу “эс алуучу жайлардын” биринде болгонун ырастады.

Ал маалыматта эки жабырлануучунун жаагы сынганы, видеонун чоң муштум каармандары кармалганы кабарланды. Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков мындай деди:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

- 19-июнда мушташ болуп жатканы кабарланган. Милиция барып, мушташтын катышуучуларын кармап келген. Алардын бири эрежесиз мушташтын чебери болсо, экинчиси уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү болуп чыккан. Ага карабай Ош шаардык соту аларды үй камагына чыгарган. Бирок 1-июль күнү Ош шаардык милициясына алардын үстүнөн ошол эле 19-июнда, ошол эле саунада бир кызды экөөлөп зордуктаганы боюнча арыз түшкөн. Анын негизинде алар кайрадан камалышты. Ош шаардык соту спортчунун бөгөт чарасы катары бир айга, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө эки айга жатак абагын чегерди.

Токмоктоо боюнча түшкөн арыздын негизинде эрежесиз мушташтын көрүнүктүү өкүлү Бекболот Абдылда уулу менен кошо Оштогу кримавторитет Кадыр (Женго) Досоновдун Руслан аттуу жансакчысы кармалганы кабарланды.

Ал арада жаагы сынган жабырлануучулар Бекболот менен Русланга карата тосмо арыз жазып беришкени белгилүү болду.

Бул окуядан он күн өткөндөн кийин "мени экөөлөп зордуктады" деп 25 жаштагы кыз арыз жазган. Бекболоттун бир тууган эжеси Уулкан Аманова кыздын арызын бирөөнүн тымызын буюртмасы катары баалаганын айтты.

Аны чоңдор колдонуп, акыры ушинтип, өз максаттарына пайдаланып, ыргытып салышты.

- Бекболот 72 жаштагы кемпирдин жалгыз уулу. Биз эжелери турмушка чыгып кеткенбиз. Азыр апам Бекболотун тынбай сурап жатат. Биз болсо "Бекболот эс алып жатыптыр" деп алдап отурабыз. Муну укса, апам көтөрө албайт. Бекболот андай жаман ишке барганына ишенбейбиз. Аны чоңдор колдонуп, акыры ушинтип, өз максаттарына пайдаланып, ыргытып салышты. Убагында Бекболотту мактап, ошол ишке жиберген өздөрү да. Болбосо беш маал намаз окуган Бекболот ошол ишке бармак беле? Коррупционерлер, адам өлтүргөндөр камалбай эле, жаштыкка алдырып мушташып кеткендер тосмо арызга карабай камалып кете береби? Кызды болсо жалдап алып келип арыз жаздырышкан.

Уулкан Аманова "саясат" деп Бекболот машыгып жүргөн "Мухаммед Умар", "Эрэм" спорт клубдарынын ээлерин, жандап жүргөн Канжар Кадыралиевди айтып жатат.

Бирок Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков мунун артында эч кандай саясат жок экенин, болгону мыйзамдуулукту сактоо аракети болгонун билдирди.

- Ош милициясы сойкукана уюштургандарга каршы тынымсыз күрөшүп келатат. Улам бирин кармап, айып салган менен, кайра эле башкасы сойкукана ачып жатат. Мушташ болгон жердеги сойкукана боюнча да текшерүү жүрөт. Аныкталса, чара көрүлөт. Мушташ болгон жерде мурда сойкукана болгону чын. Анын ээлерине айып салынган. Милиция кыздын укугун коргоого милдеттүү. "Экөөлөп зордуктады" деген арыз ошол жайда иштеген кыздан түштү.

Бекболот Абдылда уулу мурдараак ИИМдин азыркы орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун "Мухаммед Умар" спорт клубунда машыгып жүргөнү боюнча да сөздөр чыккан. Бирок "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков Бекболот жүрүм-туруму начар болгону үчүн бир ай мурда клубдан куулганын билдирди:

Улукбек Өмүрзаков.
Улукбек Өмүрзаков.

- Биринчиден, Бекболот эч качан "Мухаммед Умар" спорт клубунун мүчөсү болгон эмес. Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын курама командасына да кирген эмес. Ал болгону АО, ОсОО кылып ачылган майда залдардын атынан чыгып жүргөн. "Мухаммед Умардын" залдарында жөн кана кардар катары машыгып жүргөнү чын. Бирок жүрүм-турумуна байланыштуу аны 15 чакты бала менен чогуу бир ай мурда клубдан кууп жибергем. Анын үстүнөн арыз түшсө, демек милиция тергейт. Күнөөсү болсо жазасын тартат. Эгер ал түз жүргөн спортчу болгондо саунага бармак эмес, жөн турган балдарды урбайт эле. Эгер кылмыш кылса, күнөөсү далилденсе жазаланат да.

Бекболоттун жакындары ал "Мухаммед Умардан" кеткенден кийин Матраимовдорго тиешелүү экени айтылып жүргөн "Эрэм" спорт клубунда машыгып жүргөнүн айтууда. Бирок Бекболоттун ал жерде машыкканын азырынча эч ким ырастай элек. Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары катталган, мурда төрт жолу соттолгон Руслан менен бирге барып, саунада чуу салганы азырынча Бекболоттун туугандарына да түшүнүксүз бойдон турат.

Бекболот менен Канжар Кадыралиев мурдараак ынак жүргөнүн, экөөнүн туугандык жайы да бар экенин Бекболоттун эжеси ырастады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жогорку соттун үч судьясына иш ачылды

Жогорку сот.

Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясы баш болгон бир катар адамдарга кылмыш ишин козгоду. Алар "азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айыпталууда. Бирок активист өзү ал судьяларга карата арыз жазбаганын билдирип, муну Башкы прокуратуранын өз күнөөсүн жабуу аракети катары баалады.

Башкы прокуратура Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголгонун 2-июлда жарыялады.

Көзөмөл органы тараткан маалыматта башкы соттун үч судьясы менен катар бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Шалаакылык", "Адамды мыйзамсыз кармоо" беренелери менен иш козголгону айтылган.

Прокуратуранын өкүлү Жаркынай Азиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, алар "адамды камакта мыйзамсыз кармап туруу менен конституциялык укугун бузган" деп айыпталууда:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- О.Т. аттуу жаранга козголгон кылмыш ишинин алкагында анын бөгөт чарасы катары тышкы чыкпоо тууралуу тилкат берүү аныкталган. 2017-жылдын 25-августунда райондук сотто ишти кароодо О.Т. жыйынга келбегени үчүн аны бир айга камакка алуу жөнүндө чечимге өзгөртүлгөн. Бул токтомду экинчи баскычтагы сот да күчүндө калтырган. О.Т. соттун бул чечимдеринин үстүнөн көзөмөл иретинде Жогорку сотко арызданган. Арыз 6-апрелде Жогорку соттун кароосуна келип түшкөн, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн он беш күндүн ичинде каралган эмес. Өз кезегинде №1 тергөө абагынан кызматкерлери өз ыйгарым укуктарын аткарбай, О.Тны 12 күн камакта мыйзамсыз кармашкан. Ал эми Жогорку сотто көзөмөл арыз 2018-жылдын 14-майында О.Т. камактан чыккан соң гана кармалган. Ошол аркылуу аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетинен улам жарандын эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулган.

Учурда бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң Башкы прокуратура айтып жаткан жаран көзү азиз активист Темирлан Ормуков экени белгилүү болду. Мындай маалыматты Ормуков "Азаттыкка" өзү да ырастады. Бирок Темирлан Ормуков Жогорку соттун судьяларына карата буга чейин арыз жазбаганын, өз эркиндигинин чектелеши боюнча башка адамдарга дооматы бар экенин билдирди:

Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

- Бул менин ишим. Бирок мен бул боюнча үч судьяга тергөө абагынан доомат койгон эмесмин. Себеби, бул жерде Башкы прокуратура өзүнүн күнөөсүн жаба албай жатат. Ошондой эле биринчи болуп райондук соттун судьясы Афчи Алиевдин үстүнөн кылмыш иши козголушу керек эле. Мага буга чейин Башкы прокуратуранын тергөөчүсү чалып: "Арыз жазасызбы?" деди, мен жазуудан баш тарткам. "Тергөө абагында мыйзамсыз отуруп калган" дегенде мени ал жакка ким киргизди? Мени Жогорку соттун судьялары киргизген жок. Райондук соттун мыйзамсыз чечими менен мени камашкан. Мен Жогорку соттун судьяларын коргогон жокмун. Менин калыстык сөзүм ушундай.

Темирлан Ормуков анын ишин прокуратура өз кызыкчылыгына колдонушу мүмкүн экенин четке какпайт:

- Менин оюмча, Жогорку сотто кимдир бирөөгө орун керек болушу да мүмкүн. Себеби ал жактагы судьялар капталын жеген, тажрыйбалуу адамдар. Ошон үчүн ага бир себеп керек болду. Менин акыбалым жана ишим ушуга туура келип калышы мүмкүн.

Ормуков кошумчалагандай, аны камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч арызын Жогорку сотто Качыке Эсенканов, Каныбек Бокоев жана Арзыбек Акыев баштаган соттук коллегия караган эле. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон судьялар аталган адамдар болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Башкы прокуратура жана Жогорку сот кылмыш иши кимдерге козголгону боюнча так маалыматты ачык жарыялай элек.

Кыргызстанда буга чейин Жогорку соттун иштеп жаткан бир нече судьясына бирдей кылмыш иши козголгон учур каттала элек болчу. Ошондуктан акыркы козголгон иш коомчулуктун көңүлүн бурду.

Бул өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасын ишке ашыруу жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча убадасын аткаруу аракети жөнүндөгү суроолорду да жаратууда.

Жарандык активист Рита Карасартова бул окуяны прецедент катары сыпаттап, ал башка сотторго сабак болот деген пикирде:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Негизи бул жакшы прецедент болду. Себеби, мындан кийин судьялар процессуалдык нормаларды абдан жакшы кармаганга аракет кылышат. Бул абдан маанилүү. Айрымдар: "Үтүр-чекитке чейин киришүүнүн эмне кереги бар?" деши мүмкүн. Биз ар бир процессуалдык маселени тактап, көзөмөлдөп турсак абдан маанилүү.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова козголгон кылмыш ишинин бардык жагдайлары так иликтениши керек деп эсептейт. Ал Жогорку соттун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартыш үчүн Соттор кеңешинин тартип комиссиясы макулдук бериши керек экенин билдирди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Прокурор соттордун тартип комиссиясына өтүнүч жиберет. Тартип комиссиясы уруксат берсе, козголгон кылмыш иш боюнча жоопко тартууга жол берилет. Андан болбосо соттор өз ишин улантышы мүмкүн. Жогорку соттун судьялары өмүрүнүн аягына чейин бул кызматка бекиген.

Ал эми соттордун тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарованын маалыматына караганда, азырынча Башкы прокуратурадан Жогорку соттун судьяларын жазага тартуу боюнча өтүнүч келе элек. Ошондой эле Архарова кандай чечим кабыл алынары белгисиз экенин кошумчалады.

Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин козгоого себепкер болгон азиз активист Темирлан Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы милицияга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Ал быйыл 11-майда гана абактан бошотулган. Учурда Ормуковго тагылган айып боюнча тергөө уланып жатат.

"Азаттыктын" архиви: Соттор канткенде эркин болот?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Анжияндык кыздын махабаты

Анжияндык кыздын махабаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:48 0:00

Кандай жигиттер кадырлуу?

Кандай жигиттер кадырлуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:16 0:00

Болочок медик он бир жыл окугусу келбейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтүнүн медициналык билим берүүнү 8 жылдан 11 жылга узартуу тууралуу токтому тармакта талаш-тартыш пайда кылды.

Өкмөт өкүлдөрү аймактарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги ушул жол аркылуу жоюлат деп ишендирүүгө аракет кылууда. Бирок тийиштүү шарт түзбөй, айлыкты көтөрбөй туруп мындай чечим чыгарууну чекилик деп эсептегендер бар.

Кыялдан үмүт үздүргөн токтом

Баткенде мектепти быйыл аяктаган Алимурат Бишкектеги Медициналык академияга кирип окууну ниет кылган. Бирок өкмөттүн токтому аны максатынан баш тартууга аргасыз кылууда:

- Өмүрүмдүн көп жылы окуу менен өтүп кетчүдөй экен. Ойлонуп, медик болбой эле коюуну чечтим. Мурдагыдай болсо окумакмын.

Кыргыз өкмөтү медициналык жогорку окуу жайларындагы жана медициналык факультеттердеги окуу мөөнөтүн сегиз жылдан 11 жылга узартуу тууралуу токтомду 2017-жылдын декабрында чыгарган.

Ага ылайык, студенттер тандаган адистигине жараша алты-жети жыл билим алгандан кийин ординатурада дарыгерликтин жалпы практикасында дагы бир жыл окууга милдеттендирилет.

Андан тышкары бир-эки жыл үй-бүлөлүк медицина багытында билим алууга, аймактарда тажрыйбасын арттырууга тийиш. Бул жол аркылуу өкмөт элеттеги бейтаптардын суроо-талаптарын канааттандырууну, үй-бүлөлүк дарыгерлердин тартыштыгын жоюуну көздөйт.

Өкмөттүн түшүндүрмөсү

2-июлда Бишкекте ушул маселе үчүн атайын тегерек үстөл уюштурулду. Өкмөттүн социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн саламаттыкты сактоо боюнча эксперти Анара Ешхожаева токтом эки жылдык талкуудан соң кабыл алынганын айтып, иштин чоо-жайын минтип түшүндүрдү:

Анара Ешхожоева.
Анара Ешхожоева.

- Учурда аймактарды дарыгерлерлер мени камсыз кылуу маселеси өтө оор абалда турат. Айрыкча үй-бүлөлүк дарыгерлерге муктаждык көп. Алыскы аймактарда иштеп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлердин сексен пайызы пенсия курагында. Медициналык окуу жайын бүтүп жаткан студенттер өздөрүнө ыңгайлуу бир тармакты - хирургияны же башка багытты гана тандап атышат. Үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштөөнү каалашпайт. Дээрлик бардык жаштар шаарда калып иштегиси келет. Райондорго баруудан баш тартышат. Ошондуктан ушундай кыйын жагдай жаралды. Андыктан мамлекет медицина кызматкерлеринин элге жеткиликтүү болушун камсыз кылып, ишинин сапатын жогорулатыш үчүн ушундай кадамды жасашы керек болчу...

Профессордук-окутуучулук чөйрөдө токтомду колдоо басымдуулук кылат. Маселен, Мамлекеттик медициналык академиянын үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов демилгени жактайт:

Нурлан Бримкулов.
Нурлан Бримкулов.

- Бул токтом өз убагында кабыл алынды, балким кечигип кабыл алынды десек да болот. Биздин өлкөдө азыр болгону 1500 үй-бүлөлүк дарыгер бар. Эл аралык талаптарга ылайык, Кыргызстандын эли үчүн 5000дей үй-бүлөлүк дарыгер керек.

Бримкулов окуу жылынын узартылышы аймактарда бейтаптардын санын азайтууга салым кошоруна ишенет. Ошол эле учурда жер-жерлерге жөнөтүлгөн студенттердин турак жай, эмгек акы маселеси чечилмейинче маселе жарала берерин белгиледи.

Укук жана шарт маселеси

Өкмөттүн чечими студенттерди тынчсыздандырууда. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультетинин студенти Александра Котеняткинанын пикирин угалы:

Александра Котеняткина.
Александра Котеняткина.

- Чынын айтсам, окуу жылынын узартылышы студенттерди кубандырган жок. Эмне үчүн нааразыбыз? Себеби, биз башында эле алты жылдык окуу жана эки жылдык ординатура болот деп ишенип, ошого жараша план түзгөнбүз. Күтүүсүздөн өкмөт токтом чыгарып, анын айынан биз депрессияга кабылдык. Азыр менин көпчүлүк досторум, анын ичинде Медициналык академиянын, Оштогу университеттин студенттери окууну таштап кетүүнү ойлоно баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова да өкмөттүн бул токтомун жарандардын конституциялык укуктарын одоно бузуу деп эсептейт:

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

- "Тандоо укугу" деген түшүнүк бар. Биз жогорку окуу жайларын бул токтом менен өтө шашылыш кабардар кылдык. Жогорку курста билим алып жаткандар окуу жылын аяктаарына аз калганда ушул токтом чыкты. Муну эмне деп түшүндүрөбүз? Эч кандай механизм жок. Бул сыяктуу шашылыш документтерди биз Жогорку Кеңеште бир канча жолу кабыл алганбыз. Нааразылыктарга карабай кабыл алганбыз. Анан кайра оңдоп-түзөтүлгөн учурлар болгон. Бул токтом деле жагдайды толук талдабай туруп кабыл алынгандай. Анын үстүнө биз эл аралык стандарттар менен окутабыз, чет элдерде колдонушат, бизден алган дипломдорду. Студенттерди зордоп эле аймактарга жөнөтүү туура эмес. Аларга база түзгүлө, шарт түзгүлө. Макул, бүтүрүүчү кыз районго же бир айылга барды дейли. Каякта жашайт? Күнүмдүк каражаттары эсепке алынган эмес. Ушул маселелердин баарын чечип, анан токтом кабыл алынса, албетте колдойт элек.

Депутат Исмаилова өкмөттүн токтому акыркы чечим эмес экенин, каалаган учурда аны артка кайтарса болорун кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда дарыгелерди даярдаган тогуз жогорку окуу жайы бар. Анын үчөө - мамлекеттик, алтоо жеке менчик. Мамлекеттик окуу жайларындагы бюджеттик орундун саны - 256. Ал эми келишимдик негизде ар бир окуу жайында жүздөгөн студенттер билим алат. Алардын катарында чет өлкөлүк студенттер да арбын. Окуунун жылдык акысы 40-50 миң сомдон жогору. Эгер токтом аткарылса, жакынкы жылдары медициналык адистикке окуган улан-кыздар азайып кетет деп болжолдогондор да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мискенбаевдин иши көп жагдайды козгоду

Мээрбек Мискенбаев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевди суракка чакыра элек.

Мунун алдында Мискенбаевге ""Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесин жетектеп турганда ири өлчөмдөгү акчаны кымырып алган" деген мазмундагы арыздын негизинде кылмыш иши козголгон.

Мискенбаев соңку окуяны саясий куугунтук катары баалады. Ошол эле маалда "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесиндеги акча тууралуу араздашуу терең иликтенишин талап кылгандар да бар.

Мээрбек Мискенбаев өзүнө каршы кылмыш иши козголгонун жалпыга маалымдоо каражаттарынан билген. Ал 2-июлда "Азаттыктагы" маегинде, суракка чакырыла электигин, адвокат жалдаганын билдирди. Мискенбаев "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесиндеги акча чыры мындан эки жыл мурда көтөрүлгөнүн, бирок доомат ырасталбаганын айтты:

- Мен парламентте депутат болуп турганда Өмүрбек Текебаев менен айтыша кеткем, ошондо бул маселе козголгон. Эки жыл текшерип эч нерсе таба алган эмес. Кылмыш иши козголгонун Интернеттен окудум. Бирок "эмненин негизинде, кандай болду эле" деп менден бир да жолу сурашкан жок. "Биз чалып, өз жүйөлөрүбүздү айталы, документтерди көрсөтөлү" десек бирөө да жооп бербей жатат. Ошондуктан мен адвокат жалдадым. Мага кылмыш иши 17-мартта айткан сөзүмдүн негизинде козголду. Мен анда "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков эл тарапка өтсүн, үй-бүлөлүк башкаруу болуп кетпесин, президентибизге жаман сөз тийбесин, элдик президент болсун" деген эле жакшы ниет менен айткам. Ошондон бери коркутуу, каралоо болуп жатат. "Мегакомдун" директорунун кеңешчиси элем, ал жактан "кет" дешкенинен кеттим, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагалыгынан "кет" дешти, аны да таштап, үч-төрт айдан бери ден соолугумду карап, өз иштерим менен алек болуп жүргөм. Азыр "Айкөл Ала-Тоо" - партиядан күчтүү коом, бул уюмда ажырым жаратып, жок кылганга аракет кылып жатышат. Негизги максат ушул.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Мээрбек Мискенбаевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы туурасында расмий маалымат бере элек. Мекемедеги ишенимдүү булактардын айтымында, экс-депутат "Алдамчылык" беренеси менен айыпталып жатат жана ал тууралуу "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун өкүлү Марипа Алыйкулова арызданган. Бул макала жазылып жаткан чакта "Азаттык" Алыйкулова менен байланыша алган жок.

Марипа Алыйкулова мындан эки жыл мурда "Азаттыкка" арызданып келген. Анда Мээрбек Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасынан баасы 2 миллион сомдон ашык көмүрдү апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары алганын, бирок көмүр сатылып, акчасы кымырылып кеткенин айтып чыккан. Андан сырткары 700 миңдей сомдун да дайыны чыкпай жатканын билдирген. Бул факты боюнча Башкы прокуратурага, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок арызы каралбай жатканын белгилеген:

Марипа Алыйкулова.
Марипа Алыйкулова.

- Чогулушта биз туура эмес иштерди угуп калдык. Бизге отчетту кагаз түрүндө таратып берди. Ал жерден 2 миллион 136 миң сом деген акча чыгып калды. Ошончо суммадагы көмүр Мискенбаевдин шайлоодогу үгүт ишине берилген экен. "Үгүт жүргүзсүн, жардамдашкан, жаракат алган балдарга да берилсин" дешкен экен. Андан сырткары "апрель окуяларында каза болгондорго куран окуп, эскеришсин" деп жалпы суммасы 600-700 миң сом чогулуптур. Бирок ошол эскерүү иш-чарасына 50 миң сомдой эле кеткен. Калган акча кайда?

Мээрбек Мискенбаев "“Кыргыз көмүр” ишканасынан көмүр алып сатып жиберген, жардам үчүн келген акчаны өзү каалагандай пайдаланган" деген маалыматты жокко чыгарды:

- "Кыргыз көмүрдөн" биз 300 тонна көмүр алганбыз. Анын документтеринин баары турат. Ал жерде биздин техника бар, ошонун ижара акысын эле алганбыз. Анан "бир күнү эки миллион, үч миллион, бир күнү алты, бир күнү 13 миллион сом алган" деп айтып жатышат, өзүбүздүн да башыбыз айланып калды. "Ал акчаны ким алыптыр, каякка бериптир, кимге бердиңер?" деп эч ким эч кимди сурабай жатат. Жөн эле куру доомат. "Айкөл Ала-Тоонун" 500 мүчөсү бар, Кыргызстандын мен-мен деген жигиттери чогулган. Анан ошолор акчаны жегизип коюп эле карап турабы?

Мискенбаев: Алмазбек Атамбаевди сатпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:59 0:00

Карим Стамов "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү. Анын пикиринде, Мискенбаев негизсиз жалаага, саясий куугунтукка кабылды:

- "Коомдук бирикменин акчасын жеп кетти" деп жатат. Анда менин, менин жанымда отурган кишилердин үлүшүн жеп кеткен болот да? Эгер андай болсо: "Эй, сен биздин акчабызды жеп кеттиң" деп кубалайт элек да. Эми мындан ары биз деле жөн турбайбыз. Бул жерде Мээрбектин кылган-кылбаган иштери үчүн бүтүндөй коомдук бирикмеге, жараат алган, ажал менен күрөшкөн адамдардын кадыр-баркына шек келип жатат. Бул - саясий куугунтук. Негизи бар чындыкты айтып койгону үчүн куугунтук болуп жатат.

Бирок Мээрбек Мискенбаев жана анын "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесиндеги ишин сындагандар да жок эмес. Алардын бири, апрель баатыры, ыңкылапты коргоо кыймылынын төрагасы Таалайбек Айдаров:

- Муну эч ким саясий куугунтук деп баалабашы керек. Кылмыш ишинин козголушу туура эле. Бөлүнгөн акча, бөлүнгөн көмүр каякка кеткени тууралуу, мыйзамсыз берилген үйлөр боюнча Мискенбаев толугу менен "Айкөл Ала-Тоонун", апрель баатырларынын астында жооп бериши керек. Мына азыр эми убактысы келди.

Качкын Булатов.
Качкын Булатов.

Укук коргоочу Качкын Булатов болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы бийлик да, апрель окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары түзгөн уюмдар да бири-бирин пайдаланган учурлар болгонуна токтолду:

- 2010-жылдан кийин бийлик башчылары тарапкерлерин, көз караштары бир болгондордун баарын карабай, "Айкөл Ала-Тоо", "Мекен шейиттери", "Апрель баатырлары" деп, аларга аябай көңүл буруп, кимдир-бирөөлөргө каршы күч кылып түзүшкөн. Алар да жөн турбай, бийликтен колдоо алгандан кийин өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, жалган баатыр кылып, үй, акча ала башташты. "Айкөл Ала-Тоодо" Мискенбаевден башка дагы жеп-ичкендер бар. Алардын баары чыгат.

Жарандык активист Айбек Мырзанын пикиринде, Мээрбек Мискенбаеге козголгон кылмыш иши КСДПдагы саясий ажырымдын уландысы болуп саналат. Анын баамында, азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү, кайсы бир кылмыш иштерин жандантуу аракети "мурдагы бийликке жана анын таламдаштарына жасалган куугунтук" деген сөздөргө негиз болбошу керек:

Айбек Мырза.
Айбек Мырза.

- Кылмыш иштерин козгоо, камоо бир тараптуу эле болбошу керек. Себеби, акыркы камоо иштери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жанындагыларга эле тиешелүүдөй көрүнүп жатат. "Ошол эле Райымбек Матраимов, "качып издөөдө жүрөт" деген, "маалында президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго чуркаган" деген Нурлан Сулайманов эмнеге камалбайт?" деген суроо көп берилип жатат. Ошолордун да жоопкерчилиги каралышы керек. Адилеттүү болуп, азыр өзүнүн тегерегинде жүргөндөрдү да жоопкерчиликке тартышы керек.

2010-жылы апрель ыңкылабында ондогон адам окко учкан жана жарадар болгон. Бийлик аларга "апрель баатырлары" деген наам ыйгарган, бир катар жардам берилген, жеңилдиктер каралган. Ыңкылапка катышкандар, жабыр тарткандар жана курман болгондордун тууган-уруктары "Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Эр Теги” жана “Апрель байрагы” деген өңдүү уюмдарга биригишкен болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мискенбаев: Алмазбек Атамбаевди сатпайм

Мискенбаев: Алмазбек Атамбаевди сатпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:59 0:00

Чек ара сүйүүнү тосо албайт

Чек ара сүйүүнү тосо албайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00

Кыргыз жерин пластик каптады

Таштанды талаасындагы көрнөк. Бишкек

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бир жолу колдонула турган желим буюмдардан баш тартып, "жашыл экономиканы", айлана-чөйрөнү коргоону көздөгөн бул демилгени колдоого коомчулукту чакырды.

Уюм Кыргызстандын табиятын желим буюмдар, баштыктар каптап, айлана-чөйрөгө чоң зыян келтиргенин эскертип жатат.

Өлкөдө күн сайын же жылына канча желим идиш, баштык колдонулары эсептелген эмес. Бирок дүкөндөрдө, базарларда азык-түлүк, кийим-кече менен кошо берилген, сатылган баштыктардан, тамактануу жайларындагы идиштерден улам өлкөдө аны пайдалануу жогорку чекке жеткенин байкоого болот. Өлкөдө пластик буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ушул айдан тартып өзү колдоо көрсөткөн жыйындар менен иш-чараларда бир жолку желим идиштерди колдонууну токтотууну чечти. Мекеме ар кандай жыйындар өтө турган мейманканалар менен башка жайларга кайрылып, бул демилгени колдоого чакырды.

Уюмдун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Кумар Кылычевдин айтымында, бул аракет азыр кеңири пайдаланылып жаткан желим идиштер менен баштыктардан экологияга олуттуу зыян келип жатканын коомчулукка жеткирүүгө багытталган:

- 5-июнь - Айлана-чөйрөнүн дүйнөлүк күнү быйыл “Пластик менен булгоону токтотуу" деген ураан алдында белгиленди. БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело өзүнүн видеокайрылуусунда Кыргызстандагы бардык супермаркеттерге жана дүкөндөргө уюм менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну сунуш кылды. Биз жыл аягына чейин өлкөдө бир жолу пайдаланыла турган пластмасса буюмдарынан баш тартууга чакырып жатабыз. Бизге азырынча чоң дүкөндөрдөн кайрылуу түшө элек. Бирок алар менен тыгыз иштей баштайбыз. Супермаркеттердин ээлери да бул маселенин чечилишине кызыгат. Ошого алар желим баштыктарды сатып калышты. Пластик - азыр дүйнөнүн олуттуу маселеси. Кадимки эле биз кофе-чай ичип жатканда кант аралаштырган кашыктардан жылына жүз миллиондон ашык даанасы колдонулат экен. "Ошону жыгачтан жасалган кашыктарга алмаштыргыла" деген чакырык таштап атабыз. Азыр пластиксиз жашоо болбой калбадыбы. Дүкөндөрдүн баарында желим баштыктар бар. Кээ бир жерлерде бекер. Супермаркеттер бир-эки сом кылып кичине болсо да алардан баш тартканга жол салып атышат. Пластик баштыктарды мындан да кымбат кылып койсо, эл дүкөндөргө өз баштыктары менен барып калышы мүмкүн.

БУУнун маалыматына караганда, 40 жыл мурун сейрек пайдаланылган целлофан баштыктардын азыр дүйнөдө жыл сайын бир триллион даанасы өндүрүлүп жатат. Алар океандардын түбүнөн тартып Эвересттин чокусуна чейин жетти. Деңиз жаныбарларынын курсагынан пластик табылганы да эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Эгер бул тенденция сакталса, "2050-жылга карата океандарда балыкка караганда пластик көп болот" деген божомол бар. Мындай мүшкүл Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт.

Пакистан
Пакистан

- Биз медициналык калдыктарды кайра иштетүү боюнча көптөгөн жеке ишкерлер менен иштедик. Кыргызстанда пластик өндүрүүгө чек коюлган эмес, уруксат бар. Таштандыга пластик өзүнчө коюлса, аны кайра иштеткенге мүмкүнчүлүк бар. Анткени чогулткандар аларды жеке ишкерлерге өткөрүшөт. Алар аны кайра иштетип жатышат, - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Кумар Кылычев.

Жээкти булгаган желим

Ысык-Көл облусунун тургундары да ушул маселеге көңүл буруп, көл жээктерине желим буюмдар ыргытылганына тынчсызданып келатышат. Былтыр ноябрда бир катар активисттер желим идиштерди алып кирүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салууну, айнек буюмдарды өндүрө турган заводдун курулушун бир жыл ичинде баштоону сунуш кылып президентке кайрылышкан. Азырынча ага жооп кайтарыла элек.

Активист Дария Абдиметалиева Кыргызстанда жер-сууга азыркыдай пластик ыргытыла берсе, 5-10 жылдан кийин экология маселеси курчуйт деп эсептейт:

- Биологиялык ресурстардын жоголуп баратканы менен бирге, биздин сууларыбыз менен табиятыбыз үрөй учурарлык өлчөмдө полиэтилен пакеттерине жана пластикалык идиштерге толуп баратат. Чынында адамзаттын эң зыяндуу 15 табылгасынын бирөө ушул полиэтилен деп ойлойм. Ал азыр бүткүл жер бетиндеги сууларды булгай турган эң негизги нерсе. Пластик идиштер менен полиэтилен пакеттери азыр Ысык-Көлдүн да, Кыргызстандагы башка агын суулардын да, тоолордун да туруктуу «жашоочусу» болуп калды. Көл жээгинде айрыкча жайында желим баштык, баклажка толуп кетет. Анын канчасы көлгө ыргытылып жатканын эч ким карабай жатат.

"Азаттыктын" архиви: Абаны ууландырган таштанды

Москва-Бишкек: абаны ууландырган акыр-чикир
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:03 0:00

​Кыргызстандыктар күн сайын же жылыга канча пластик колдоноорун эсептеген так маалымат жок. Бирок дүкөндөрдө, базарларда сатуучулар азык-түлүк, кийим-кечени сөзсүз түрдө желим баштыктарга салып беришет. Кагаз баштыкка салгандар же өз баштыгы менен дүкөнгө баргандар өтө сейрек учурайт.

Супер жана гипер маркеттерде орточо жана чоң баштыктын баасы бир-эки сом болгону менен кичинекей баштыктарды каалашыңча алсаң болот. Базарларда жана жеке күркөлөрдө болсо алар акысыз. Жеке соода күркөсүнүн ээси Асел муну кардарларды тартуу далалаты менен түшүндүрдү:

- Мисалы, бир кардар келип, азык-түлүк, анан жуунуучу каражаттарды алды дейли. Ал сөзсүз нанга өзүнчө, жуунучу каражаттарга өзүнчө баштык сурайт да. Андан кийин аларды чогуу дагы бир чоңураак баштыкка салып беребиз. Ашыкча эле баштык алып, ар бир товарды өзүнчө салып берүүнү талап кылгандар да көп. Баштыктарды биз деле сатып алабыз. Анын баасы чоң-кичинесине, түрүнө жараша бааланат. Бирок кардарларга бекер эле беребиз. Антпесе жаман көрүшөт.

Учурда желим баштык, идиш-аяктар базар-дүкөндөрдөн тышкары тамактануу жайларында да кеңири колдонулат. Айрыкча шаарларда кафе-ресторандардан желим идиш-аяктарга куюлган тамак-аш алгандар көбөйгөн. Тез тамактануу жайларында да чай-кофе куюлган идиштерден тартып, кашык-вилкага чейин желимден жасалган. Той-аш өткөн жерлерде да сөзсүз баштык берилет, кешиктерди да желим идиштерге салып берүү адатка айланган.

Өлкөдө бир жолу колдонулуучу желим идиш-аяктын баасы 8-10 сомдун тегерегинде. Алардын дүң баасы мындан бир топ арзан.

"Азаттык" Бишкектеги эл көп кирген дүкөндөрдөн бир күндө желим идишке куюлган канча суусундук жана желим баштык сатылаарын сурап көрдү. Эл көп кирген бир маркетте эле азыркы кезде күн сайын орто эсеп менен миңден ашык желим шишедеги суусундук өтөт экен. Мындан тышкары желим идиштерге салынып, үстү кайра эле полиэтилен менен жабылган азык-түлүк, жер-жемиш да тынымсыз сатылат.

Башкалаада болсо кардар үзүлбөгөн супермаркеттердин саны 100дөн ашат. Чакан соода күркөлөрү да жүздөп саналат, бир нече базарда да кардарлардын аягы суюлбайт.

Эколог Калия Молдогазиева мынчалык көп өлчөмдө сатылган шише, идиш-аяк, баштыктар таштандыларга гана эмес, туш келди ташталып, жаратылышка зыян келтирип жатканын белгиледи. Анын айтымында, желимдин жок болуп кетиши өтө кыйын:

- Желим буюмдар чирибейт, эч нерсе болбой тура берет. Мисалы, Индия мамлекеттик деңгээлде желим баштыктарды колдонбоо тууралуу чечим кабыл алды. Бизде деле эми кагаз баштыктарга, айнек идиш-аяктарга өтүшүбүз керек. Совет мезгилинде чүпүрөк баштыктарды эле жууп, ошону дүкөнгө, базарга көтөрүп барып, азык-түлүк салып колдончубуз. Сүт-айранды айнек бөтөлкө менен алып, аны чогултуп кайра өткөрүп койчу эмес белек? Андан экологияга эч кандай зыян келбейт. Азыр деле ошенткенге эмнеге болбосун?

Чүйдүн Таш-Мойнок жайлоосунда ыргытылган таштанды.
Чүйдүн Таш-Мойнок жайлоосунда ыргытылган таштанды.

​Биология илимдеринин доктору Биймырза Токторалиевдин пикиринде, пластик колдонуу жалаң эле айлана-чөйрөгө эмес, адамдын саламаттыгына да зыяндуу:

- Биз акчага кызыгып, ден соолукту унутуп баратабыз. Ошондуктан пластик буюмдарды өндүрүү көбөйүп жатат. Андыктан Жогорку Кеңеште да азык-түлүк коопсуздугу боюнча чоң программа иштелип чыгып, анын ичинде экология маселеси биринчи орунда турушу керек. Эгер биз келечекте балдарыбыздын, небере-чөбөрөлөрүбүздүн ден соолугу чың болуп, жакшы коом болсун, жер-суу таза болсун десек, бул маселеге көңүл бурууга тийишпиз. Айта бергенден эч нерсе чыкпайт. Аны ишке ашырып, мисал катары көрсөтүү зарыл.

Пластиктин ден соолукка зыяны бар

Дарыгерлер пластиктен чыккан уулуу заттар айыккыс ооруларды пайда кылаарын айтып келишет. Дүйнөлүк окумуштуулар айрыкча желим идиштерге куюлган ысык тамактарды жеп-ичүү зыяндуу экенин, ысыкта алардан уулуу заттар көп бөлүнүп чыгарын изилдеп чыгышкан. Өнүккөн өлкөлөрдө азыр пластиктин айлана-чөйрөгө, саламаттыкка тийгизген зыянына өзгөчө көңүл бурулуп, атайын иш-аракеттер көрүлө баштаган.

Анткен менен Кыргызстанда бул багытта мамлекеттик деңгээлде иш баштала элек. Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги желим баштыктарды колдонууну азайтуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бирок Кыргызстандагы пластик чыгарган ишкерлердин нааразылыгынан улам ал коомдук талкуудан өтпөй, тиешелүү министрликтер тарабынан артка кайтарылган.

Желим идиштер
Желим идиштер

Мекеменин өкүлү Мирлан Скаков ушу тапта экологияга зыян келтирбегидей жана ишкерлерди нааразы кылбагандай жолдор каралып жатканын билдирди:

- Желим буюмдарды чыгарган ишкерлер ага чоң суммадагы акча салышкан. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирбедикпи. Ошонун алкагында көп ишкерлер чыгарган өндүрүмүн сыртка чыгаруу максатында тиешелүү жабдуу сатып алышкан. Бизде экологияга терс таасир эткен негизги проблема жука баштыктарга байланыштуу. Анткени аларды шамал учуруп кетип, туш келди тарап, айлана-чөйрөнү булгап жатат. Мындай баштыктарды желимди кайра иштеткендер да алышпайт. Ошол бойдон калып калат. Ошондуктан биз калыңыраак баштык чыгарыш керекпи деген маселени карап атабыз. Ишкерлердин жабдууларын ошого багыттайлы деп ойлонуудабыз. Чоң баштыктарды болсо кайра иштеткенге мүмкүнчүлүк бар. Такыр токтотуп салуу бизнеске зыяндуу болуп калат экен.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги иштеп жаткан мыйзам долбоордо желим идиш-аяктар кирген эмес. Мекеменин өкүлү Мирлан Скаков негизинен жука желим баштыктардын көйгөйү чоң экенин белгилеп жатат. Ал ошондой эле элди пластик идиш-аяктарды туура колдонуп, ар кайсы жакка таштай бербөөгө үндөдү:

- Желим идиш-аяк боюнча механизмдерди иштетүү керек. Кошумча кабыл алчу жайларды ачуу керек дегендей. Мисалы, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан акча бөлүнүп, көлдүн жээги тазаланып жатпайбы. Ар бир жаран өзү жоопкерчиликти сезиши керек. Мыйзам долбоору өтүп, таштандыны туш келди ыргыткандарга айыппул салынган күндө деле ар бир кишинин артынан карап жүргөнгө биздин чамабыз жетпейт да.

Активист Дария Абдиметалиева экологияга келтирген зыянды токтотуш үчүн желимден жасалган баштык менен идиш-аяктын ордуна чүпүрөк, кагаз, айнек буюмдарга өтүүнү сунуш кылууда. Мындан тышкары ал кайра иштетүү тармагын жолго коюу зарыл деп эсептейт:

- Мынча көлөмдөгү полиэтилен баштыктарын, желим шишелерди жана башка колдонуудан чыккан идиштерди кайда жоготобуз? Көмсөк да, сууга же көлгө ыргытсак да, өрттөсөк да айлана-чөйрөгө зыян келтиребиз. Өнүккөн өлкөлөрдө буларды кайрадан иштетүү маселеси жолго коюлган. 40 мамлекет акырын-акырындан же толугу менен полиэтилен буюмдарын ташып келүүгө жана колдонууга тыюу салып койду. Илим изилдөөчүлөр учурда дүйнө жүзү боюнча 83 пайыз суу түтүктөрүнөн чыккан сууда пластиктин бөлүкчөлөрү бар экенин далилдешти. Жалпы жер бети боюнча желим шишедеги сууну колдонуу көбөйүүдө. Полиэтилен буюмдары өлкөбүзгө баштан-аяк жайылып бүттү. Бизде да башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонууга мезгил жетти.

Ошентип, Кыргызстандын борборунда таштанды челектерге ыргытылган желим буюмдардын ичинен негизинен шишелер гана чогултулуп, чакан ишканалар аны кайра иштетет. Ал эми баштык жана башка идиш-аяктар Бишкектен 11 чакырым жерде жайгашкан таштанды талаасына төгүлүп, өрттөлүп кетет.

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп, курулуш башталат деп айтылганы менен иш жыла элек. Мындан майда ишканалар менен Кытай ишкерлери пайда көрүп жаткан кези.

Кытайлыктар таштандыдан чогултулган желим идиштерди өз өлкөсүнө экспорттойт да, ал жактан кайра түрдүү буюмдарды чыгарып, башка мамлекеттерге сатат.

Германиядагы таштанды челектери.
Германиядагы таштанды челектери.

Кыргызстандын өзүндө деле желим буюмду кайра иштеткен 20дай жеке ишкана бар. Арген аттуу ишкер пластикти кайра иштетүүдө таштандынын аралаш ташталганы тоскоол болоорун айтып берди:

- Калдыктарды таштаган учурда пластикти өзүнчө, чирий турган заттарды өзүнчө таштоого чакырам. Ошондо аны кайра иштетүү бизге жеңил болот.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруш үчүн 8 миллиондой евро керек болот.

Быйыл жазда АКШнын үч шаарын кыдырып, акыр-чикирди кайра иштеткен ишканалар менен таанышып келген журналист Салабат Эркетаеванын айтымында, таштандыны кайра иштеп чыгуу мамлекеттик бюджетке оңбогондой киреше алып келмек:

- Американын Нью-Йорк, Вашингтон жана Боулдер шаарларында таштандыны кайра иштеткен фабрикалар бар экен. Алардын ээлери "мындай ыкманы колдонуу кыйынга турбайт" деп айтышты. Мисалы, "Бишкекте кайра иштеткен ишкананы 10 миллион долларга куруп коюуга болот" дешти. Ал жакта кайра иштеткен фабрикада түтүн жана башка уулуу заттар сыртка чыкпайт экен. Баары чыпка менен камсыз болуптур. Ал жердин жумушчулары төрт саат эле иштейт экен. Саатына жасаган ишине жараша 100 доллардан көп акы төлөп беришет. Аралаш таштандыларды кайра иштетип, пропан газын алган ишкерлерди да көрдүк. Булардын ишинен экологияны булгаган көрүнүшкө күбө болгон жокмун. Эгерде Кыргызстанда да бийлик жарандарга таштанды ыргытуу боюнча маалымат берип, көчөлөргө үкөктөрдү орнотсо, шаарлар таза болмок. Экинчиден, эл да акырындап ошого көнмөк. Кайра иштетиле турган буюмдарды өзүнчө бөлүп таштоону үйрөнмөк.

Бишкек шаар башкармалыгы таштандыны кайра иштетүүчү завод качан курулаары тууралуу маалымат берген жок. Ошол эле учурда инвесторлор менен сүйлөшүү уланып жатканы белгилүү болду.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы эле Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтилен буюмдары түзөт.

БУУ Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнөн зыян тартып жатканын, аба ырайы жана климаттагы кескин өзгөрүүлөр, жаратылыш ресурстарын туура эмес башкаруу түрдүү кырсыктарга себеп болуп келатканын эскертүүдө. Уюмдун билдирүүсүндө, өлкөдө жыл сайын жаратылыш кырсыктары алып келген экономикалык жоготуулар ички дүң өнүмдүн 1,0-1,5 пайызын түзөт.

"Жашыл экономиканын" талаптарын сактоого башка уюмдар да чакырып жүрүшөт.

"Азаттыктын" архиви: таштанды талаасы жакында көмүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Каралбай калган Каракол автобекети

Каракол автобекети.

Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына караштуу Каракол автобекети реконструкцияга муктаж. Буга байланыштуу автобекет кызматкерлери Каракол шаардык кеңешине кайрылышты. 1988-жылы пайдаланууга берилген автобекетти жаңылоо, иретке келтирүү иштери эмне үчүн колго алынбай жатат?

Каракол автобекетинин абалына нааразы болгондордун арасында ушул жерде көп жылдан бери иштеген кассир Керимкан Черикова да бар:

- Автобекетибиз үчүн аябай жаныбыз кейип жатат. Бюджеттен акча бөлүнбөйт. Ушу көлдүн жүзү болуп турган автобекетти көрүп алып жөн эле ичиң ооруйт да. Мен көп жыл иштегеним үчүнбү, абалын көрүп ичим ачышат.

Кичи автобустун айдоочусу Эмил Адрешов "автобекетте тартип жок, жүргүнчү ташыган автоунаалар чаржайыт, көбүнчө жеке фирмалар эле оокат кылып, мамлекеттик жүргүнчү ташуучулар четте калды",- деди:

Эмил Адрешов.
Эмил Адрешов.

- Бул жердин көйгөйү өтө чоң. Мамлекеттин, өкмөттүн жайын чаржайыт кылып коюшту. Себеби, жеке жүргүнчү ташуучулар автобекеттин алдында турушат. Бизди болсо мына бул ичине алып келип токол аялдын балдарындай кылып, киргизип коюшту. Эч кандай аракет жок. Өкмөт салыгын алат, бирок бизди карабайт. Баарын жеке менчик кылып ачып алышкан. Биз өкмөт үчүн иштеп, салыгын төлөп жаткандан кийин жумушту да уюштуруп берсин.

Кызматкерлердин кайрылуусунун негизинде автобекеттин абалын шаардык кеңештин депутаттары көрүп чыгышты. Алардын бири Азамат Айтбаев буларды айтты:

Азамат Айтбаев.
Азамат Айтбаев.

- Чындыгында биз өткөндө келип, көрүп чыктык. Күтүү залынан үстүнөн суу тамчылап агат экен. Бул автобекетке келгенде совет доорундагы бир жерге келгендей эле болосуң. Анткени совет доорунда кандай жасалган болсо, ошол бойдон турат. Бул жерде мына "Касса" деген жери да совет доорунда жазылган бойдон калыптыр. Ошол себептен мен депутат катары өйдө жактагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылат элем, ошол эле транспорт министрине, премьер-министрге - же бул автобекеттин жетекчисин алмаштырабы, же өздөрү көзөмөлгө алып оңдоп беришеби, бул жакты караш керек.

Депутат Айтбаевдин айтымында, быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына байланыштуу Каракол шаарына бөлүнө турган каражаттын бир бөлүгү ушул автобекетти оңдоп-түзөөгө бөлүнмөкчү.

Автобекеттин ички көрүнүшү.
Автобекеттин ички көрүнүшү.

Транспорт жана жолдор министрлиги да "автобекет аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында жакшыртылат" деп жатыптыр. Бирок конкреттүү кандай аракеттер болуп жаткандыгы беймаалым.

Ал эми автобекеттин аргасыз абалга кирептер болушун министрликтин өкүлү Кылычбек Досумбетов мурдагы жетекчинин ишмердиги менен байланыштырды:

- Ал жерге жакынкы арада эле жаңы жетекчи коюлуптур, мурдагы жетекчи жумуштан кетиптир. Анткени ал таксисттер менен сүйлөшүп алып, автобекеттин айланасындагы аянттарды таксисттерге андан ары ижарага берип, акчаны өзү алып кассага кириштебей коюптур. Ошондуктан ал кишини жумуштан алышкан. Автобекет каралбай калыптыр да, мурдагы жетекчи акчаны ремонтко пайдаланбай, башка иштерди кылып жүргөн экен.

Автобекеттин жаңы жетекчиси Догдурбек Сулаев өзү кызматка киришкен акыркы бир жарым ай үчүн жооп берди:

Докдурбек Супаев.
Докдурбек Супаев.

- Мына, өзүңүздөр көрүп жатасыздар, ремонт жүрүп атат. Азыр аба ырайы катаал болуп, эки күндө бир жаан жаап жатканына байланыштуу сырттагы актоо-сырдоо иштерин жүргүзө албай калдык. Ал эми айлана-тегеректи тазалап, жыйнап туруу базар менен вокзалдын абалы бирдей болуп турат экен. Келген-кеткен киши көп. "Эмне жүрөсүң?" дей албайбыз.

Жетекчиликтин маалыматына караганда жогоруда белгиленген автобекеттин 7 миллион сом бюджеттик каражатынын 65-70 пайызы маянага, калгандары салыкка жана Мамлекеттик мүлк фондуна төлөнөт.

Каракол автобекети Транспорт жана жол министрлигинин “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына карайт. Адистер бул автобекетти толук реконструкциялоо үчүн 40 миллион сомго жакын каражат талап кылынарын айтып жатышат.

Каракол автобекети 1988-жылы пайдаланууга берилген. Эки гектардай аянтты ээлеп турат. Бул автобекеттен жүргүнчүлөр өлкө боюнча жетимиштен ашык каттам аркылуу каттайт. Ал эми жайкы туристтик маалда Алматы-Каракол автомаршруту да каттай баштайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Укукту басмырлаган "кара тизме"

"Манас" аэропорту

Айрым укук коргоочулар жана эксперттер чек арада ашкере текшерүүгө алынып, алардын эркин орун которуу укугу басмырланып жатканы боюнча билдирүү менен чыкты.

Алардын айтымында, айрым укук коргоочулар, эксперттер жана журналисттер атайын "кара тизмеге" кирип, эки жакка чыгуусуна чектөө коюлса, кээ бир эл аралык деңгээлдеги укук коргоочулардын өлкөгө келүүсүнө тыюу салынган.

Мамлекеттик чек ара кызматы ал жарандардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизбей турганын, тиешелүү мамлекеттик органдар бекиткен тизмедеги ар бир учур өзүнчө каралышы керектигин билдирди.

Жыртылган паспорт

Жарандардын өлкөгө эркин кирип-чыгуу укугу Баш мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок айрым жергиликтүү укук коргоочулар, журналисттер жана эксперттер соңку жылдары алардын бул укугу басмырланган учурлар бар экенин айтышууда.

Кеңсеси Бишкекте жайгашкан медиатехнология жана тынчтык орнотуу мектебинин программалык директору Инга Сикорская чек ара көзөмөлүндө бир жылда 19 жолу ашкере текшерүүгө дуушар болгонун айтты. Ал мындай көрүнүш 16-июнь күнү "Манаста" катталып, андан паспорту зыянга учураганын билдирди:

- Мен рейске шашып жаткандыктан, узакка созулган текшерүүдөн кийин колума тийген паспортумдун барактарын караган эмесмин. Алматыда казак чек арачысы паспортумдагы сүрөт айрылып калганын айтып, аны менен өткөрбөсүн билдирди. Ошондо гана мен паспортумдун "Манас" аэропортундагы узакка созулган "текшерүү учурунда" зыянга учурганын билдим. Анан ага ички ID паспортумду көрсөтүп, чек ара көзөмөлүнөн өттүм. Быйыл мартта мен Брюсселге учканда да жүгүмдү алып жатып, чемоданымдын кулпусу бузулганын көрүп таң калгам. Былтыртан бери ушуга чейин мени 19 жолу чек арадан токтотуп, ашкере текшеришти. Бир жолу чек арачылар паспортумду текшерип жатып менин "туунду" тизмеде экенимди өз ара сөз кылышты. Ошондо гана мен биринчи жолу кандайдыр бир чектөө коюлган "тизмеге" киргенимди билдим.

"Жыт" издеген шекчилдик

Жумушуна байланыштуу чет өлкөлөргө көп чыккан эксперт Инга Сикорская "кара тизмеге" кандайча кирип калганын аныктоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын жана УКМКнын төрагасына жеке даттануу иретинде арыз менен кайрылды.

Ал ага карата кылмыш иши же башка бир соттук жоопкерчилик жоктугун жүйө келтирип, анда эмне үчүн анын өлкөгө кирип-чыгуусуна тоскоолдук болуп жатканын териштирүү үчүн сотко кайрылууга чейин барарын айтты. Инга Сикорская медиадагы жек көрүүчүлүктү изилдөөгө адистешкен эксперт.

Бул укук коргоочулар менен эксперттер чек арадан өтүүдө тоскоолдуктарга кабылган жалгыз учур эмес.

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

"Бир дүйнө" укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мындай чектөөлөргө бир нече ирет дуушар болгонун айтты:

- Мурдагы жолу Венага учканы чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатсам, чек арачынын артында башка дагы бир атайын кызматкер карап турат. Ал адамдарды токтотуп, кол жүгүнөн бери кайра аңтарып, сурап, каякка бара жатканына кызыкты. Кечээгиде Бишкекке келе жатканымда дагы токтотуп, ал кызматкер менден "чемоданыңызда экстремисттик материалдар жокпу?" деп сурады. Мен ага "андай маалымат болсо, мыйзам чегинде текшергиле, бул кылганыңар болбойт" деп жооп берип, чыгып кеттим. Мындай эски тажрыйбага жол бербөө керек. Адам эркиндигине чек койгон "кара тизме" Кыргызстанга көө жапкандан башка пайдасы жок экенин түшүнүү керек.

"Кара тизмени" толуктаган укук коргоочулар

Ошол эле кезде эл аралык деңгээлдеги айрым бир укук коргоочулардын, эксперттердин жана журналисттердин деги эле өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган учурлар бар экени белгилүү болду.

Жергиликтүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова мына ошол "кара тизмеге" киргизилген чет элдик айрым кесиптештерин тизмектеди:

- Мисалы үчүн Кыргызстанда Human Rights Watch уюмунун өкүлчүлүгү иштейт эле. Ал кеңседе бир топ жылдан бери иштеген эл аралык укук коргоочу Мира Ритманнды эмгек өргүүсүнөн кайтып келе жатканда чек арадан киргизбей коюшкан. Анан былтыр Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо уюмунун өкүлү Виталий Понамарев дагы Кыргызстанга адам укугун коргоо боюнча жыйынга катышуу үчүн келе жатып, бирок чек арадан киргизилген жок. Тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриева дагы 2009-жылы Ноокат окуясы боюнча БУУнун адам укугу комитетине жеке доо арыз даярдоо үчүн келип, бирок эч себепсиз эле өлкөдөн чыгарылган. Мына ушуга окшогон фактылар болуп жатат.

Чек ара кызматынын жүйөсү

Мыйзам боюнча кайсы бир чет элдик жаран "нон-грант персонасы" деп жарыяланышы мүмкүн. Мындай адамдардын өлкөдө жүргөнү максатка ылайыксыз деп табылып, алардын чек арадан өтүшүнө тыюу салынат. Бирок жогорудагы чет элдик укук коргочуларга расмий түрдө андай макам ыйгарылган эмес.

"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бөрүбаева чек арачылар аткаруучу орган гана экенин жүйө келтирип, өлкөгө кирип-чыгууга чектөө коюу же тыюу салуу башка органдардын колунда экенин билдирди:

- Чек ара кызматы аткаруучу орган. Муну териштирүү үчүн сиз тиешелүү сот же башка укук коргоо органдарына кайрылышыңыз абзел. Бизде жарандардын чек араны кесип өтүүсүнө байланыштуу маалыматтар "жашыруун" болуп саналат. Тиешелүү мамлекеттик органдар гана жарандардын өлкөгө кирип-чыгуусуна чектөө коюп же тыюу сала алат. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай иштер менен алектенбейт. Биз чектөөлөр же тыюу салуулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жөнөткөн тапшырмаларды гана аткарабыз. Бул жерде ар бир учурду ар башкача карашыбыз зарыл. Мисалы үчүн ал соттук иштерге байланыштуу болушу мүмкүн. Сот кайсы бир жаран алимент төлөбөй койсо, анын чек аркылуу сыртка чыгышына тыюу салышы мүмкүн.

УКМК менен Башкы прокуратурадан кылмыш иши козголбогон же сот жоопкерчилигине тартылбаган адамдар кандайча "кара тизмеге" кирип калганы жана алардын өлкөгө кирип-чыгуусуна чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө алууга мүмкүн болбоду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргызстан алтын корун көбөйтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-июнь - 2-июль).

"Bloomberg" каналынын веб-сайтына "Азиядагы эң чакан өлкө дүйнөлүк соода согушуна алтынды калкан кылууда" аттуу макала жарыяланды. Орусия менен Кытайдагы валюта базарындагы туруксуздуктун таасиринен коргоо үчүн Кыргызстандын эл аралык резервдеги үлүшүн 50% чейин көбөйтүп, 2 миллиард долларга жеткирүү ниети бар. Ушул тапта бул көрсөткүч 16%.

Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов: "Оюн эрежелери алмашты. Азыр биздин резервде кайсы валюта болбосун баары бир дүйнөлүк соода согушунун таасири тиет. Доллар, юань же рублга карабай, алтынды көбөйтүшүбүз керек", - дейт.

Толкунбек Абдыгулов
Толкунбек Абдыгулов

Алтын боюнча дүйнөлүк кеңештин маалыматына караганда, мындай саясат Кыргызстандагы алтын запасын пайыздык катыштан караганда, Орусия жана экономикасы кыйла өнүккөн Түркия менен Индиянын деңгээлине жакындатат. АКШ менен Германия резервинин 70% алтын менен сактайт.

Абдыгуловдун айтымында, Кыргызстан баалуу металлды азыркыдан да көбүрөөк каза алат. 2017-жылкы эсеп боюнча канадалык "Centerra Gold" иштеткен алтын кениндеги жалпы өндүрүш 3,4 миллиард долларга бааланган. Абдыгулов кызмат мөөнөтү бүткүчө, башкача айтканда 2024-жылга чейин казынадагы алтындын запасын көбөйтүүнү максат кылаарын айткан.

"Алтынды каалаган учурда керектүү валютага алмаштырса болот. Кудай бизге абдан көп кен байлыкты берген экен. Андыктан аны сарамжал колдонуу абзел", - деди "Bloomberg" каналына.

Үй-бүлөлүк башкаруу доору

Лондондогу Падышалык институттун Евразия боюнча талдоочусу Аннет Бор Борбор Азияда үй-бүлөлүк башкаруу улам күчтөнүп баратканын "Eurasianet" басылмасына жазды. "Авторитардык бийлик өкүм сүргөн Түркмөнстанда, Казакстанда жана Тажикстанда бийлик бир династияга таандык. Ал арада өз жакындарын бийлик үчүн курмандыкка чалгандар да бар. Мисалы, казак ажосу Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиев кайнатасынын тактысына көз артканы үчүн куугунтукталып, акыры Венадагы түрмөдө көз жумду. Мурдагы өзбек лидеринин кызы Гүлнара Каримова Ташкентте камакта.

Түркмөнбашынын уулу.
Түркмөнбашынын уулу.

Тажик президенти Эмомали Рахмон уулун Душанбенин мэрлигине койсо, Түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухамедовдун 36 жаштагы уулу Сардардын саясий жылдызы жанып турган чагы. Маркум Сапармурат Ниязов Бердымухамедовдон айырмаланып, бала-чакасын бийликке аралаштырчу эмес. Ал эми азыркы түркмөн лидери уулу Сардарды бир заматта парламенттеги сыйлуу комитеттердин башына алып барып, Тышкы иштер министрлигинен жогорку кызмат берди. Буга кошумча президенттин уулу 2017-жылдын май айынан бери мамлекеттик маанилүү эл аралык иш сапарларга атасынын ордуна барууда. Ошентсе да алтымышка жаңы чыккан Бердымухамедов Борбор Азиядагы эң жаш лидер. Аймактагы башка кесиптештериндей ажалга моюн сунгуча бийликте турары шексиз. Буга карабай анын уулу тактыны мурастап калууда ишенимдүү кадам таштоодо", - деген пикирде окумуштуу Аннет Бор.

Эрдоган Азияны колго алууну көздөйт

Жапонияда чыккан "Asian Nikkei Review" журналы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоодон кийин Азия жана ислам дүйнөсүнө өз таасирин болушунча арттыруу аракетинде экенин баяндайт. "Мустафа Кемал Ататүрктөн кийинки эле эң кубаттуу лидерге айланган Эрдоган өз позициясын мекенинде эле эмес, бүтүндөй Ислам дүйнөсүнөн тарта Чыгыш Азияга чейин жайылтууну көздөйт. 15 жыл өлкө башында туруп, Түркия Балкан аймагы, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Африка өлкөлөрү менен мамилесин чыңдады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Батыш Эрдогандын авторитардык башкаруусунан чочулап жатканда ал Чыгыш Азия, Орусия, Кытай, Филиппин жана Малайзия менен ымаласын ысытууда. 2014-жылы Батыштан аккан инвестициялар токтоп калганда Эрдоган Орусия, Кытай жана Жакынкы Чыгыштан тез эле өнөктөштөрдү таап, өлкөсүнүн экономикасынын тизелеткен жок. Мисалы, Түркиядагы эң ири "Финанс" банкы 2016-жылы Катардагы ири компанияга сатылды. "Деңиз" банкын орусиялык жана дубайлык инвесторлор алышты. Коңшу Сирия жана Ирактан келген коркунучтарга карабай, Түркия инвесторлор көп тартылган өлкө бойдон калууда. Эрдогандын өмүр баянын жазган Сонер Чагатпай аны жөн жеринен "Жаңы Султан" деп атаган эмес", - деген автор Кытай менен Түркиянын ортосундагы уйгурларга байланыштуу талаштуу маселелерди да макаласына кеңири камтыган.

Табият аяр мамилени талап кылат

"Newsweek" журналы соңку кезде дүйнөдө климаттын өзгөрүүсүнөн улам адам курмандыктарынын саны барган сайын көбөйтүп жатканын жазды. Түштүк Африкадагы былтыркы суу каптоодо 1200 киши өлүп, 20 миллион адам жабыркады, алардын 6,8 миллиону балдар.

Техастагы бороондун кесепети.
Техастагы бороондун кесепети.

Бангладеш, Индия жана Непалда табигый апааттардан 18 миңдей мектеп талкаланып, жүз миңдеген балдар билим ала албай калышты. 2017-жылы Техас, Флоридадагы бороондон АКШнын бюджети 200 миллиард доллар зыян тартты. 2050-жылга чейин табигый кырсыктардан 140 миллион киши жер которууга мажбур болот.

Өкүнүчтүүсү жабыркагандардын басымдуусу жакырлар. Ушундан улам планетадагы тең салмактуулукту сакташ үчүн дүйнө "Жашыл экономика" планын ырааттуу ишке ашырышы зарыл деп белгилейт баяндаманын автору, окумуштуу Филип Калдерон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бала асырап алууда түйшүк азайбады

Кыргызстанда үч айда 176 бала жергиликтүү жарандарга асыроого берилген. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр сегиз кыргызстандык баланы багып алган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Адилет Кудайбердиева “Азаттыкка” маек куруп, бала багып алуунун жол-жоболору тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда бала багып алуу үчүн 213 адам кезекте турат.

“Азаттык”: Орусияда ата-энеси таштап кетип, кийин Кыргызстанга алып келинген балдар тууралуу макала жазгандан кийин бала асырап алуу боюнча кененирээк маалымат алып берүүнү өтүнүп "Азаттыкка" кайрылган окурмандар көбөйдү. Негизи эле бала багып алам деген жарандар ишти эмнеден башташ керек?

Адилет Кудайбердиева: Бизде өкмөттүн токтому менен бекитилген жобо бар. Ага ылайык Кыргызстандын жарандары бала асырап алуу үчүн жашаган жери боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусу керек. Ал жерден баланы багып алуу мүмкүн экендиги тууралуу корутундуну алат.

Бул үчүн жоободо бекитилген документтерди даярдап бериши керек. Ага бала багып алуучунун арызы, паспортунун көчүрмөсү, эгер жубайлар бала багып алабыз десе, анда нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымат кат керек. Мындан сырткары арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин тастыктаган жана турак жайга менчик укугун ырастаган документтер же жашаган жеринин үй китебинин көчүрмөсү зарыл.

“Азаттык”: Демек бала багып алам деген жарандын туруктуу жашаган жери болушу шартпы?

Адилет Кудайбердиева: Туруктуу жашаган жери деп жазылган эмес. Бирок ошол үйдо жашап жатканын ырастаган маалым кат же турак жайды ижарага алып жатканы тууралуу келишимди алып келип беришет. Мындан сырткары соттолбогону тууралуу ички иштер органдарынан жана ден соолугу тууралуу маалым кат керек. Буларга баңгилик, алкоголдук көз карандуулук жана психикалык абалы тууралуу медициналык корутунду кирет. Ошондой эле жашаган жана иштеген жеринен мүнөздөмө талап кылынат.

Бул документтер тапшырылган күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу болуп эсептелет. Андан соң тиешелүү адис арыз ээсинин жашаган жерине барып жашоо-тиричилигин текшерет. Ошого жараша акты түзүлөт жана 14 жумушчу күндүн ичинде уруксат берилеби, жокпу аныкталып, корутунду даярдалат.

“Азаттык”: Бала асырап алууну каалагандардын кезеги көп экени айтылууда. Учурда алардын саны канча?

Адилет Кудайбердиева: Бул процедура дагы өкмөттүн токтому менен жөнгө салынат. Ата-энелердин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жобо бекитилген. Ага ылайык, асырап алууну каалаган жарандар корутундуну алгандан кийин мамлекеттик банктын базасына киргизилип, реестрге катталат. Бул база ар бир райондо иштейт. Азыр анда бала асырап алууну каалаган 213 жарандын тизмеси бар. Бул көрсөткүч туруктуу эмес, көбөйүп, азайып турат. Жарандар өз каалоосу менен балдар мекемелерине кайрылса болот, бирок жеке өзү балдарды көргөнгө бара албайт, укугу жок.

“Азаттык”: Сиз бала багып алат элем дегендердин санын айтып жатасыз. Ал эми асырандыга бериле турган балдардын базасы барбы?

Адилет Кудайбердиева: Базада бар. Бирок балдар тууралуу маалымат жана асырап алуучунун аттары айтылбайт. Бул купуя маалымат болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө 231 бала кароосуз калгандар. Бул дагы көбөйүп, азайып турат. Маалымат банкындагылардын 95% ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же патологиясы бар, ата-энеси баш тарткан балдар.

“Азаттык”: Кыргызстандыктар арасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды асырып алгандар барбы? Көбүнчө эле чет өлкөлүктөр алып кеткенин угабыз.

Адилет Кудайбердиева: Биздин жарандар көбүнчө беш жашка чейинки балдары алууну каалашат. Көп учурда медициналык жактан коррекция жасоого мүмкүн болсо, биздин жарандар деле ушундай балдарды алышууда. Тилекке каршы маалыматтык базада ата-энеси баш тарткан, ден соолугу оор абалда калган балдар.

АКШдан ата-эне тапкан кыргызстандык балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

“Азаттык”: Орусиядан ата-энеси таштап кеткен, бирок ден соолугу жайында болгон балдар алып келинген эле. Алар балдар үйлөрүнө жайгаштырылганы айтылган. Ата-эне мээримин көрбөй чоңойгондон көрө ошолорду багып алат элек дегендер да жок эмес.

Адилет Кудайбердиева: Орусиядан алып келинген балдардын Кыргызстандын аймагында туугандары изделип, биологиялык ата-энелери менен бириктирүү иштери жүрөт. Эгер туугандары табылбаса анда жалпы маалыматтык базага түшөт.

“Азаттык”: Бир жылда канча бала асырандыга берилет?

Адилет Кудайбердиева: Кыргызстанда үч айда 176 бала кыргызстандыктарга асыроого берилген. Бул сөзсүз эле базада турган балдар эмес. Сот асыроо маселесин караган учурда сөзсүз түрдө райондордун катышуусу менен чечим чыгарышат. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр сегиз кыргызстандык баланы багып алган.

“Азаттык”: Бала багып алууну каалаган жарандар көп, бирок бюрократиялык процедуралар көп болгондуктан сатып алууга да барышат деп айтышат. Жол-жобосун желдетүү жагы каралабы?

Адилет Кудайбердиева: Негизинен жободо тизмеси кыскартылган. Кыргызстанда эң эле жөнөкөй. Асырап алгандан кийин жобого ылайык социалдык кызматкерлер үч жылга чейин карап, көз салып турушат. Бир жылда эки жолу барышат.

Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала...
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Адам дин үчүнбү же дин адам үчүнбү?

Залкар ойчул жана аалым бабаларыбыз Жусуп Баласагын (солдо) менен Махмуд Кашгари Барсканинин бедизчи Т.Садыков жасаган айкелдери манкурттар тарабынан уурдалып кеткен. 1995.

Түркиядагы Эржийес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулу "Азаттыктын" окурмандарына жолдогон дин таануу жана коом таануу жаатындагы блог.

...6-класста окуйт элем. Мен курактуу бир топ балдар мечитке каттачу болдук. Алдыбыз арап ариптерин, Куран окуганды үйрөнө баштаганбыз. Андан сырткары намаз окуу, орозо тутуу сыяктуу маселелердин маанисин да билип калдык. Жаңы чөйрөнүн, жаңы маалыматтардын, кызыгуулардын себебинен баштапкы бир канча ай билинбей өтүп кетти.

Албетте, ал жылдарымды пайдасыз өттү деп айткандан алысмын. Бирөөгө зыян тийгизбөө, колдон келсе пайда келтирүү, карыяларды сыйлоо, ата-энеге урмат мамиле кылуу сыяктуу жакшы принциптерди үйрөндүм. Денеме сиңген бул баалуулуктардын жашоомо көп пайдасы тийди.

Ош шаарындагы эски мечит. 26.4.2012.
Ош шаарындагы эски мечит. 26.4.2012.

Бирок бара-бара мен түшүнүп жете албаган, аңдай албаган ой-пикирлерге, эрежелерге, түшүнүктөргө кез келе баштадым. Аристотель айтмакчы, кызыгуу ар кишинин табиятында бар эмеспи. Маселен, адамдын руханий дүйнөсүндө зор орду бар музыканы угууга тыюу салынгандыгы ошол учурдагы догмаларымдан алган алгачкы сокку болчу.

Эмне үчүн намаз окуу эң башкы ибадат, эмне үчүн орозо тутабыз, эмне үчүн мечитте окулган намаз 27 эсе сооптуу болот, кедейлердин кыйынчылыкта жашашы алардын тагдырында жазылганбы, молдо же аалымдар кадимки эле кишилерби, же Кудайдын өзгөчө кулдарыбы деген сыяктуу суроолор күндөн-күнгө башымды тикен чөптөр менен чырмай берди.

Ошол кезде булардын баарын башкарып турган бир Кудай бар деп түшүнчүмүн. Бирок: адамдын табиятына, ырахат алуусуна каршы чыккан, музыка угуусун тыйган, адам деген ыйык макулук ачкачылык деген түйшүк менен алышып жатса, аларга жардам берүүнү эмес, намаз окууну эң маанилүү ибадат деп белгилеген, орозо айында бизди ачка коюп, сынаган соң сооп берген, жакшы же жаман адам болушту биздин эркибизден тышкары маңдайга жазган, кийин жакшыны бейишке киргизип, жаманды тозокко кириптер кылган Кудай түшүнүгүм мени аябай кыйнады. Азыр да он, жүз миңдеген, балким, миллиондогон мусулманды ойлондуруп жатса керек бул сыяктуу суроолор.

Кийин чындап эле "дегеле Кудай барбы өзү?" деп ойлоно баштадым. Бул суроолордун жообун менин оюмдагы жарым Кудай-жарым адам болгон молдо билсе керек дечүмүн. Бирок эркин ой жүгүртүүнүн өзүн чектеп, тозок же көр азабы менен коркутуп койгондуктан, томсоруп сурай албай кала берчүмүн.

Акыры күчтү топтоп, атам менен апамдан сурамай болдум. Чай ичип баарлашып олтурушкан экен. "Менде бир суроо бар" деп сөзгө кошула калдым.

"Чын эле Кудай барбы? Бар болсо далилдеп бериңиздерчи?" дей койдум. Үнсүздүк өкүм сүрүп, жүрөгүм түшө баштады.

Акыры атам менен апам бири-бирин карап "Мындан кийин андай суроону бербей жүргүн, күнөө болот", - деп менин акыйкатка карай алган жолумду да соңуна чыгарып коюшту. Бирок аларды эч күнөөлөбөйм. Анткени билим деңгээли ошого жетет болчу.

Көпчүлүк ичинде жалгыз калуу деген абалды мына ошондо түшүндүм; күн сайын жан дүйнөмдү эзген согуш, бирок эч кимге айта албайм, бөлүшө албайм. Ансыз деле акыретим карарып бүттү го деп ишенип калган элем.

Менин классташтарым кези келгенде окуп, кези келгенде шапар тээп, концерттерге, экскурсияларга барышчу, жеке хоббилери менен эрмектешчү, көпчүлүгүнүн алгачкы махабаттары бар эле... Кыскасы, жашоолору керемет болчу. А мен болсо бешиктен белим чыга элек туруп, "Кудайды" издеп, бирок аны сүйгөндөн мурда коркконду үйрөнгөм, али бул дүйнөнүн ырахатын көрбөй жатып, акырет жолуна түшкөм.

Жашырганда эмне, ичим күйчү. Бирок башка теңтуштарымдын кылганы толугу менен күнөө, а мен болсо Кудайга жагып жатам деп өзүмдү өзүм сооротчумун...

Пайгамбардын "Илим Кытайда болсо да барып үйрөн", "Мечиттен мазарга чейин илим изде" деген насааттарына канчалык кулак салып жатабыз?
Элмурат Кочкор уулу

Арадан он беш жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Ал ортодо диний жаатта билим алдым, азыр да алып жатам. Жылдар бою тынчымды алган суроолорго жоопторду таптым.

Ал учурда мага үйрөткөн динзар киши беш убак мечитке каттаган, орозо туткан, зикир чалган, дааватка чыккан, аялына жоолук салындырган ж.б.у.с. өзгөчөлүктөргө ээ болчу. Таң калычтуу...

Динзар кишинин өзгөчөлүгү катары мектепти жакшы бүтүрүп, университетте билим алган, кесибин мыкты аткарган, интеллектуал, аялына сылык мамиле кылган, балдарынын эркиндигин чектебеген деген өзгөчөлүктөр дээрлик кездешпейт эле.

Акыйкатта Курандын эң биринчи түшүрүлгөн аяты "Оку!" деген буйрук эмес беле? Курандын жети жүзгө чукул жеринде "билим" сөзүнүн уңгусунан тараган сөздөр кездешкенин, эки жүз жетимиш үч жеринде "акыл калча, ой жүгүрт, терең ойлон" деген Кудайдын эскертүүлөрүн жеткире түшүнүп жатабызбы?

Пайгамбардын "Илим Кытайда болсо да барып үйрөн", "Мечиттен мазарга чейин илим изде" деген насааттарына канчалык кулак салып жатабыз?

Тообо, коомдун эң орчундуу маселелери болгон билимсиздик/түркөйлүк, паракорлук, үй-бүлөлүк чыр-чатак, аялдарга жана балдарга зулумдук, теңсиздик сыяктуу коомдун дээрлик бардык катмарын түйшүккө салган маселелерди чечүү деген ыйык парз эмне үчүн эң маанилүү ибадат болбошу керек?

Ибадат кылуу - кулдук кылуу деген мааниге келет. Биз Кудайга түздөн-түз белек сунуп бере албайбыз. Кудай - абстракттуу зат, ал эми биз - конкреттүү макулуктарбыз. Демек, Кудайга жакындоо - жер бетиндеги Кудайга эң жакын макулукка пайда келтирүү, жакшылык кылуу менен гана мүмкүн болот го дейм.

Бала кезимде күнөөлөгөн Кудайдын кандай пакиза экенин аңдап түшүндүм. Орозону менин руханий таалим-тарбияма, аны менен кошо ден соолугума пайда келтирүү үчүн буюрганын көрдүм. Адамзаттын өнөкөт оорусу болгон түркөйлүктөн кутулуум үчүн алгач "Оку!" деп буюрганын көрдүм.

Менин жакшы же жаман адам болушумду бешенеме жазбаганын, өз эркимди өз колума бергенин, бизди куурчак сыяктуу ойнотуп жатпаганын билдим. Намаз баш болуп баардык ибадаттарды адеп-ахлактуу болууга көмөк көрсөтсүн деп буюрганын аңдадым.

Тактап айтканда, эң башкы максат - бул намаз окуу, орозо тутуу менен гана чектелип калуу эмес, ошол ибадаттардан таасир алып, адеп-ахлактуу болуп жашоо экендигин түшүндүм.

Айрым Кудайдын атынан сүйлөгөн кишилер динди татаалдаштырып таштаганына күбө болдум. Менин балалыктын кереметин татпай калышыма себеп - Кудайдын өзү эмес эле, биздин Кудай жөнүндө тайкы түшүнүгүбүз экенин баамдадым.

Менин балалыгымды уурдагандар Кудай эмес, чала молдолор экенин, түркөйлүгүбүз экенин түшүндүм.

Ошондуктан, мага окшогон миңдеген азиз балдардын балалыгын жалган нерселер менен уурдабагыла, башын айлантпагыла демекчимин.

Заманбап кыргыз дин таануу адиси Элмурат Кочкор уулу. 2012.
Заманбап кыргыз дин таануу адиси Элмурат Кочкор уулу. 2012.

Диндин максаты - адамды адам кылуу экенин баамдайлы.

Адамдар тайыз диний ырым-жырымдар менен өмүрүн коротуш үчүн жаратылбаганын түшүнөлү. Кудайдын максаты - пенделерин коркутуу эмес, жарыкчылыкта жакшы жашоосуна жардам берүү экенин билели.

Элмурат Кочкор уулу,

Түркиянын Кайсери шаарындагы Эржийес университетинин (Erciyes Üniversitesi) докторанты.

Апта: Тунгышбаевдин экстрадициясы, Трамп - Путин саммити

Путин менен Трамп G-20 саммитинде жолуккан кез. 2017-жыл, июль, Германия.

Бишкек Тунгышбаевди Астанага өткөрүп берди, президент Жээнбеков элге кайрылды, Трамп - Путин саммити болот.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо тууралуу Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Эртеси Улуттук коопсуздук комитети казак жараны өз мекенине өткөрүлүп берилгенин билдирди. Кыргыз бийлигинин мындай шашылыш чечими жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

“Human Rights Watch” (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстан мындай чечимди кабыл алуу менен эл аралык милдеттенмелерди этибарга албай жатканын эскертти. "Кыргызстан Тунгышбаевдин башпаанек сураганына карабастан, экстрадиция тууралуу чечимге даттанууга мүмкүндүк бербестен, Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берди” деген эл аралык уюм активист өз өлкөсүндө “ырайымсыз мамиле менен кыйноого дуушар болуп калышы мүмкүндүгүн” баса белгилейт.

Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Казакстандын “Тең укуктуу журналисттер” федерациясынын президенти Розлана Таукина “Азаттык” менен болгон маегинде блогер жалган жалаа менен айыпталып, “саясий куугунтукка” кабылганын белгиледи.

“Бийликке ыңгайсыз болуп калган соң бүгүн Муратбекке “ал “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймылдын жактоочусу” деген жалаа жабышууда” – деген укук коргоочу Астананын бул жүйөсү аны өткөрүп алышы үчүн гана “негиз болуп жатканын” баса белгилейт. Аны менен катар блогердин экстрадицияланышы “эл аралык мыйзамдарга каршы келээрине” көңүл бурат.

Розлана Таукина.
Розлана Таукина.

Таукинанын белгилешинче, Тунгышбаевдин Жаңы-Өзөн окуясындагы ролу өзгөчө. Ал 2011-жылкы кандуу кагылышты биринчилерден болуп чагылдырып, окуянын күбөлөрүнүн айткандарын тасмага түшүргөн. Каршылык акциясынын катышуучуларын полиция кубалап, ал түгүл жыгылып калгандарына ок чыгарганы тартылган таанымал тасманы жергиликтүү тургундардан Тунгышбаев алып келген.

Блогер алты-жети сайт ачып, Кыргызстанда камакка алынганга чейин алар аркылуу өз материалдарын жарыялап келген. Куугунтук башталган кезде ал өзү Кыргызстанга, ал эми өнөктөшү Киевге качууга аргасыз болушкан.

Шейшембиде Бишкекте “Тунгышбаевдин иши – кыргыз демократиясынын сынагы” деген атылышта тегерек стол өттү. Саясий ишмер Равшан Жээнбеков казак активисттин сот ишинде коңшу өлкөнүн бийлигинин кысымы байкалганын айтып, “эгер Кыргызстан демократиялык мамлекет болсо, Тунгышбаевге окшогон кылмыш кылбаган, башка саясий көз караштагы адамдарды бербеши керек. Бул Кыргызстандын эл аралык аброюна аябагандай доо кетирет” – деди.

Жыйындын катышуучулары соттордун мурдагыдай эле “саясий буйрук аткарып жатканын”, сот менен укук коргоо органдарын реформалоо маселеси актуалдуу бойдон турганын бир ооздон белгилешти.

Сот жүрүп жаткан маалда Тунгышбаев саясий көз карашынан улам экстрадициялоого дуушар болуп жатканын отургандарга айтып калууга үлгүрдү. “Мени адам өлтүргөнүм, бирөөнү алдаганым, же бирөөнү зордуктаганым үчүн эмес, мени саясий көз карашым үчүн экстрадициялаганы жатышат. Мени "Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы менен иштешкен деп айыптап жатышат. Мени демократиялык баалуулуктарды: сөз эркиндигин, мыйзам үстөмдүгүн, таза шайлоолорду өткөрүүнү айтып жүргөнүм үчүн куугунтуктап жатышат” – деди темир тор артында турган блогер.

Бишкектеги талкууга катышкан жарандык коом өкүлдөрү “мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестри” түзүлөрүн жарыялашты. “Коомдук анализ институтунун” директору Рита Карасартова “Биз мыйзам бузган судьялардын “кара тизмесин” түзөбүз. Аларды мыйзам чегинде жазага тартуу боюнча бардык аракеттерди көрөбүз” –деди талкуу маалында. “Атамбаевдин учурунда болгон башаламандык Жээнбеков келгенде токтойт, башка адам келди, эми эл аралык аренада бизди уят кылбайт” деп кол чапкан элек. Бирок биздин өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок”- деп укук коргоочу бийликти кескин сындады.

Тунгышбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кармаган.

Ал коңшу өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыпталган. Бозгунда жүргөн казак олигархы Мухтар Аблязов түзгөн кыймылды казак бийлиги 18-мартта “экстремисттик уюм” деп тааныган.

Казакстандын мыйзамына ылайык, блогердин күнөөсү аныкталса, алты жылдан он беш жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алып, бирок Тунгышбаевдин жактоочулары ал токтомду жокко чыгарууну талап кылып, Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылган. 25-июнда судья Чыңгыз Адамкулов адвокаттын арызын четке кагып, башкы көзөмөл органынын токтомун күчүндө калтырды.

Жээнбековдун кайрылуусу: коррупция, мыйзамдуулук, парламентаризм

Шаршембиде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келип, 35 мүнөткө чукул сүйлөдү. Мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөштү, сот реформасын, адам укуктарын коргоону мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары белгиледи.

- Баарына тегиз, адилет мамиле болмоюнча антикоррупциялык күрөш ийгиликке жетпейт. Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун “ушул адамды бошотуп коюңуз” деген суранычы түшүп жатат. Бул күрөш коомдун, жарандардын колдоосуна, жигердүү позициясына муктаж. “Ууру болсо да биздин бала эле” деген ой менен бир айылдын баары кол топтоп, бошотуп коюу жөнүндө суранычын жиберип жатышат. Коррупционерлердин баарына бирдей мамиле кылбасак, күрөш жыйынтык бербейт.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков мамлекеттик башкарууда, сот-прокуратура органдарында, экономика тармагында жасалчу реформалар кечеңдеп жатканын моюнга алып, аларды эл күткөндөй тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи.

"Өлкөдө менчикти коргоо сакталган жок, рейдерликке жол ачкан учурлар болду" деди. Сот жана укук коргоо органдары “өздөрү акыйкат болбой жатканына” эл нааразы экенин кошумчалады.

Мамлекет башчы соңку жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенине токтолду.

“Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло алган жок. Аймактар ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок” деди Жээнбеков.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Мамлекет башчынын парламенттеги сөзү коомчулукта ар кандай реакция жаратты. Жогорку Кеңештин депутаты, башкаруучу партиянын өкүлү Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, президенттин элге кайрылып, позициясын ачык, так билдигени “жаңылык” болду. “Коом бийлик башындагылардын позициясын канчалык билсе, ошончолук ишенет. Кайсы бир маселе боюнча “президент мындай пикирде экен” деп элде да ишеним күчөйт” – деди экс-спикер “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Ошол эле учурда президент “мурда айтылгандарды кайталады” деп сындагандар ба арбын. Алардын бири саясат талдоочу Сейтек Качкынбай “куру сөздөн конкреттүү ишке өтүүгө убакыт келди” деген көз карашта. “Биринчи кезекте сот реформасы кандайча жүрөт, коррупцияга каршы кандай системалуу иштер жүрөт - так айтылган жок. Баары эле “керек, зарыл, абзел” деген жалпы формада айтылды. “Качан, кантип жасалат?” деген суроолор жоопсуз калды” – деген саясий эксперт “президент сөздөн ишке качан өтөрү белгисиз” бойдон калганына көңүл бурат.

Президенттин кайрылуусу: эмне өзгөрөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:12 0:00

Президент Жээнбеков 24-ноябрда ант берип, мамлекетти башкарууга киришкен. Жээнбеков 2010-жылы өлкө тандаган парламенттик түзүлүштү колдоого убада берип, “аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү менин президенттик мөөнөтүмдүн эң артыкчылыктуу багыты" – деп айткан.

Трамп менен Путиндин күттүргөн жолугуусу

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин катышкан саммит 16-июлда Хельсинки шаарында өтөт. Эки чоң державанын жетекчилеринин көптөн бери күттүргөн жолугушуусун өткөрүү 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги жолугушуусунда расмий макулдашылды.

Трамп менен Путин жолукканда кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн? – деген суроо ушул тапта эл аралык маалымат каражаттарында кызуу талкууланган темалардын бири.

Ак үйдүн маалыматына караганда, эки лидер “АКШ-Орусия алакасын жана улуттук коопсуздуктун бир катар маселелерин” талкуулайт. Орусиянын маалымат агенттиктери Путин менен Трамп “Орусия-АКШ мамилесин, эл аралык проблемаларга” көңүл бурушарын Кремлге шилтеме берип кабарлашты.

Президент Трамп Путин менен кездешкенде Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкени тууралуу сөз козгоп, ошондой эле Сириядагы жана Украинадагы кырдаалды талкууларын билдирди. Америкалык лидер бейшембиде "Твиттерге" “Орусия биздин шайлоого кийлигишкен эмеспиз дегенинен кайтпай турат” деп жазды.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя саммитти АКШ администрациясы көптөгөн маселелерди талкуулоонун зарылдыгын түшүнгөндүгүнүн “белгиси” деп баалады.

“Бул эки өлкөнүн гана каалоосу эмес, бул жалпы дүйнөнүн каалоосу” – деп белгиледи орус элчиси. “Биз бир пикирге келип, кандайдыр бир макулдашууга жетсек, биз эле эмес, калган дүйнө да эркин дем ала баштамак” – деди Небензя.

АКШ – Орусия алакасы 2014-жылы Москва Крым жарым аралын өзүнө каратып алгандан кийин бузула баштаган. Мунун айынан Орусия “Чоң жетинин” курамынан чыгарылган. Вашингтон менен Мсокванын Сирия боюнча позициясы дагы карама-каршы келип, эки өлкө жаатташкан эки башка тарапты колдойт.

Британияда мурдагы орусиялык тыңчы ууландырылгандан кийин дипломаттардын чыгарылышынан улам эки өлкөнүн мамилеси мурдагыдан да начарлаган.

2016-жылы Орусия АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу ырастоолорго байланыштуу Вашингтон администрациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде сенаторлордун тобу менен жолукканда президент Трамптын Орусияга карата позициясын түшүндүрдү.

“Президент маанилүү геостратегиялык талкууларда Орусиянын катышуусу талашсыз экенине терең ишенет” деген мамкатчы “мен эс тартканы биздин Орусия менен мамилебиз азыркыдай сууп кеткени эсимде жок” деп кошумчалады.

Президент Трамп 11-12 июлда НАТОнун Брюсселдеги самитине катышат, андан кийин Вашингтондун эң жакын саясий өнөктөшү – Лондонго сапары мерчемделген.

Путин менен бейтарап аймакта - Финляндиянын баш калаасы Хельсинкиде кездешет. 1997- жылы бул жерде АКШнын президенти Билл Клинтон орусиялык кызматташы Борис Ельцин менен жолугушкан.

Трамп менен Путин былтыр июлда “Чоң жыйырманын” Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Трамп кызматка киришкенден бери Вашингтон менен Москва жогорку деңгээлде эки тараптуу, толук кандуу сүйлөшүү өткөрө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Президент кадр саясатын аныктады

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматка тааныш-билиш аркылуу орношууга чекит коюп, кесипкөй, тажрыйбалуу кадрлардын келишине шарт түзүүнү талап кылды.

Президент мамлекеттик кызматчылардын тазалыгын камсыз кылыш үчүн алардын киреше жана чыгаша декларацияларына болгон көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди. Саясат талдоочулар мамлекет башчысы маселе көтөргөнү менен эми аны ишке ашыруу жагы бар экенин белгилешти.

Мамлекеттик башкаруунун маңызы өзгөрөбү?

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнь күнү парламентке жана калкка кайрылуусунда азыркы учурда мамлекеттик кызматта кесипкөй, таза жана тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги байкалып жатканын билдирди.

Муну менен Сооронбай Жээнбеков адилеттүү жана натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болорун, мамлекеттик башкаруу тутуму жана кадр саясаты чукул реформага муктаж экенин айтты:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Азыр бизде квалификациясы жогорку адистерди мамлекеттик кызматка тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза сынак жана ачык атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиш же жек-жаат аркылуу кызматка орношууну жоюу - мамлекеттик башкаруудагы реформанын негизги максаты. Мамлекеттик кызматка таза, кесипкөй жана тажрыйбалуу адистердин келиши ушул залда отургандарга көз каранды. Биз кандай кадрларды сунуш кылсак, мамлекеттин өнүгүшүн камсыз кыла турган мамлекеттик кызматтын сапаты да ошондой болот. Кадр маселесине биз абдан аяр мамиле кылышыбыз керек. Жакшы кадрларды сактаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Туугандарыбызды, жакындарыбызды же тааныштарыбызды кимдир-бирөөнүн ордуна "коюп бер" дегенди токтотуш керек.

"Сөздөн ишке..."

Ошол эле учурда саясат талдоочулар мамлекеттик башкарууну реформалоо маселеси көптөн бери айтылганы менен ийкемдүү кадр саясаты ишке ашпай келе жатканын белгилешет.

Саясатчы Равшанбек Жээнбеков сөздөн ишке өтүүгө мезгил жеткенин айтып, президент саясий эркин эми иш менен далилдеши зарыл деп эсептейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Президент Сооронбай Жээнбеков бардыгын айтты. Азыр эми ошонун баарын ишке ашырышы гана керек. Президенттин ишке киришкенине жарым жылдан ашып калды. Мамлекет башчысы реалдуу кадамдарды жасашы керек. Антпесе андан сурай турган учур деле алыс эмес. Мисалы, атайын комиссия түзүп, ага өзүнүн командасынан, парламенттен жана жарандык коомдон өкүлдөрдү киргизип, реформа жүргүзүү демилгесин башташы керек. Ошондо айтылган сөздөр ишке ашып, иш өзүнөн-өзү кете бермек. "Реформа чынында эле башталыптыр" деген коомдук пикир түзүлмөк. Бирок азырынча мен андай иш-аракеттерди көрбөй турам. Реформага биринчи кезекте демилге, саясий эрк, акча жана натыйжалуу команда керек. Президентте саясий эрк бар экени байкалып турат. Бирок анда акча жана иштей ала турган команда барбы?

Сынактан сырт калгандар

Мыйзамга ылайык, учурда бардык жарандар муниципалдык жана мамлекеттик кызматка орношуу үчүн тест тапшырып, сынактан өтүүгө милдеттүү. Бирок буга саясий кызматка же атайын административдик кызматка бараткандар кирбейт.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрамжан Мадумаров талапкерлиги саясий кызматтарга көрсөтүлгөндөрдүн сынактан сырткары калышын тиешелүү тараптардын жоопкерчилиги менен байланыштырды:

- Маселе бул жерде - бизде саясий жана атайын административдик кызматтар бар. Бул жерде эң негизги жоопкерчилик талапкерлерди ошол кызматтарга көрсөткөн саясий партияларда же кайсы бир саясий топтордо болушу керек. Ал саясий чечимдин негизинде саясий же атайын административдик кызматка сунуш кылган талапкер үчүн жоопкерчиликти конкреттүү түрдө ошол тарап ала турган механизм иштеши керек. Анткени мыйзам боюнча, ал кызматтарга көрсөтүлгөндөр сынактан сырткары калып, алардын кесипкөйлүгү, тажрыйбасы жана билими терең текшерилбей калышы мүмкүн.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматчылардын арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтыш үчүн алардын киреше-чыгашасын иш жүзүндө көзөмөлгө алуу маселесин көтөрдү. Ал мамлекеттик кызматчыларга жана алардын жакындарына жазылган мүлктүн эсебин алуу менен казынаны уурдоо жана пара алуу сыяктуу кылмыштардын алдын алуу амалын жайылтууну сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул чаралар жакын арада ишке киргизиле турганын айтты:

- 1-июлдан тартып президенттик аппараттын, өкмөттүн, парламенттин, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин киреше-чыгаша декларацияларын текшерүү башталат. Бул коррупцияга каршы күрөш чараларындагы олуттуу компонент. Ар бир аткаминер таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашашы керек. Мүлкүн жакындарына же тууган-уругуна жаздырып коюп, мыйзамсыз жол менен тапкан байлыгын жашыргандардын кирешелери менен чыгашаларын ачык аныктоо тутумун калыптандыруу зарыл. Муну менен биз мамлекеттик кызматкерлердин таза иштешин камсыз кылуучу механизмдерди киргизүүбүз абзел.

2018-жылдын январынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгаша декларацияларын көзөмөлдөө Мамлекеттик кадр кызматынан алынып, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген. Буга чейин мамлекеттик кызматчылардын декларация толтуруу милдеттенмеси татаалдашып, андагы берилген маалыматтардын тактыгы жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрамжан Мадумаров мындан ары киреше-чыгаша декларациялары салык декларациясы менен кошо текшерилип, талдоого алынарын билдирди:

Акрамжан Мадумаров.
Акрамжан Мадумаров.

- Мындан ары эки башка мамлекеттик орган декларацияларды чогултпастан, киреше-чыгаша декларациялары жана салык декларациясы болуп бардыгы бир органда - Мамлекеттик салык кызматында тескелет. Ошол орган аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тиешелүү декларацияларды толтуруу талап кылынып, андагы маалыматтардын баары бир жерден текшерилип, бир жерден талдоого алынат. Ошондо жыйынтыктуу иш жүргүзөт деген ойдомун. Анткени мыйзам боюнча декларациядагы так эмес жана туура эмес же бурмаланган же жазбай койгон маалыматтары үчүн жоопкерчилик каралган. Буга байланыштуу материалдар прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет. Эми бул багытта иш жүрүп, көзөмөл күчөтүлө турган болду.

Мындан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматчыларды даярдоо жана аларды жайгаштыруу үчүн кадрлардын улуттук резерви түзүлө турганын жарыялады. Анын жобосуна ылайык, талапкерлер сынактан өтүп, ошол улуттук резерв аркылуу гана мамлекеттик кызматка алынмакчы.

"Азаттыктын" архиви: Эски, жаны өкмөт: кадрлар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"ColorFest" жаштардын көңүлүн көтөрдү

"ColorFest" жаштардын көңүлүн көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Анна Германдын Таластагы балалыгы

Анна Германдын Таластагы балалыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

Ханышаны таң калтырган Муратбек Рыскулов

Ханышаны таң калтырган Муратбек Рыскулов
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:09 0:00

Тиштин азабын тарткандардын арманы

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаагына туура эмес операция жасалып, анын азабын тартып жүрүшкөнүн айткан эки бейтап "Азаттыкка" кайрылышты.

Алар Бишкектеги Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүн күнөөлөп жатышат. Алардын бири тишин алдырган соң алты жылдан бери ушул госпиталда дарыланып, айыкпай жатканын айтты. Бөлүмдүн башчысы Алмаз Кулназаров бейтаптардын дооматтарын толугу менен четке кагууда.

"Ачып, кайра жаап койдук..."

Өзүн Азамат деп тааныштырган жигит бетиндеги имплантты алдырып салыш үчүн Бишкектеги Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаровга ушул жылдын 23-апрелинде кайрылганын айтты. Анын сөзүнө караганда, дарыгерлер алгач текшерип, анализдери даяр болгон соң аны операцияга кабыл алышкан. Азаматтын айтымында, беш саат операциядан соң дарыгер Кулназаров имплант табылбаганын айткан.

- Бетимде жука имплант бар болчу. Ошону алып ташташ керек эле. 23-апрелде Кулназаров менен Лисагоров деген дарыгер экөө көрүп, "анализдерди тапшырып, 25-апрелде кел, операция кылабыз" дешти. Операциядан кийин беш сааттан кийин өзүмө келдим. "Жакшы болуп калган экен" деп сүйүнүп, операция кандай өткөнүн сурайын деп иш бөлмөсүнө барсам, “кечирип кой, Азамат, имплантты тапкан жокпуз, жаагыңды ачып, кайра жаап койдук” деди.

Азаматтын айтымында, имплантты Москвада койдурган. Ыңгайыздык жараткан үчүн аны Кыргызстанга келип алдырууну туура көргөн.

"Азаттыкка" кайрылган экинчи бейтап - Татьяна. Ал алты жылдан бери Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаровдун көзөмөлүндө болгонун, баары тишин алдыргандан башталганын айтып берди.

- Мен тишим катуу ооруганынан кайрылгам. Менин совет убагында дарылаган тишим бар болчу, бирок ал ооручу деле эмес. Кулназаров текшерип чыккандан кийин ошол тишим оорутуп жатканын айтсам, аны жулду. Бирок оору басылган жок. Мен дагы эле ооруп жатканын айтып кайрылдым. Дарыгер совет убагында дарылоо ыкмасы башкача болгонун, анын жанындагы тиш оорутуп жатканын айтып экинчи тишимди жулду. Ошондон кийин тиштерим шалкылдай баштады. Башка тараптагы тишим ооруй баштап, кайра келдим. Кулназаров ушундай боло бере турганын, ушундай оору экенин айтып үчүнчү тишимди жулду. Бирок оору басылган жок.

Татьянанын айтымында, Кулназаров ага "пародонтоз" деген диагноз коюп, башка дарыгерге көрүнүүнү сунуш кылат. Бирок бет-жаак боюнча хирург Аврора Цепелева алдыңкы тиштер кыймылдабай эле турганын айтып, кайра Кулназаровго жөнөтөт.

- Ошондон кийин Кулназаров башка тиштерди да жулуп салгандын ордуна тез арада протез коюш керек экенин айтты. "Консилиум чогултабыз" деп, аны да кылган жок. Анан бетим сезгенип, ал жерди кести. Анан ээгиме өттү. Үчүнчү жолу мурдумдун кайкысын кести. Ошентип бетим бүт тырыкка айланды. Оору өтпөгөндүктөн ал тиштеги бардык көпүрөлөрдү алып, "балким инфекция болушу мүмкүн, тазалап чыгам" деди. Мени толук уктатты, кайра ойгонсом бардыгы ордунда. Протезге тийбептир. Ачып көрүп, аябай татаал экенин көргөн окшойт, "протезди алган жокмун, анткени кайра аны койгонго мүмкүн болбой калышы ыктымал" дейт. Анын айынан тишимдин түптөрү ириңдеп кетиптир.

"Бизге ириң, сезгенүү менен келген"

Жогоруда аты аталган эки бейтап тең консилиумга чогулган дарыгерлердин баары Кулназаровдун таанышы экенин, алардын сөзү бир чыкканын айтышууда.

Анткен менен улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаров жогорудагы бейтаптардын айткандарын толугу менен төгүндөп жатат. Анын айтымында, Азамат буга чейин бир нече ирет Москвада дарыланган.

Алмаз Кулназаров.
Алмаз Кулназаров.

- Беш жыл мурда биринчи жолу жаагы сынып, Москвада операция болгон. Экинчи жолу 2,5 жыл мурда жасалган. Ал бизге келип буга чейин үч жолу көрүнгөн. Биз "ириң жок, оорунун сезгенүүсү жок болгондуктан операция зарыл эмес" деп түшүндүрдүк, кеңештик. Ал өзү ыңгайсыздык жаратып, ишине, жашоосуна да таасирин тийгизип жатканын айтты. "Жараны ревизия кылуу" деген операция жасап, тырык бөлүктөрүн алып койдук. Биз караган жерде ириң, сезгенүү жок болгондуктан ревизия менен жаптык. Консилиумдун жыйынтыгы чыккандан бери бул бейтаптар бир да келе элек.

Ал эми экинчи бейтап Татьяна туурасында мындай деди:

- Алты жылдан бери аны Кыргызстандагы жакшы дарыгерлердин баары дарылап жатышат. Тери оорулары боюнча адис, профессор Балтабаев, стоматолог, ооз көңдөйү боюнча адис Цепелева, иммунолог, ревматологдор дарылап жатат. Москвага анализин тапшырып келген. Новосибирск шаарына барып келген. Ооба, башында кабыл алгам. Бизге да ириң, сезгенүү менен келген. Акыркы жолу келгенде ушул жерден операция жасалды. Өзү "операциядан кетти" деп жатпайбы. Тиштин тамырынын учун кескен операция бар. Тишти сактап калыш үчүн тамырдын учундагы сезгенүүнү алат, тиш өзү калат. Бул ыкма көп жылдан бери пайдаланылып жүрөт. Андай операция жасоого көрсөтмө бар, рентгенде көрүнүп турат.

Ал ортодо Саламаттык сактоо министрлигинде эки бейтаптын арызынын негизинде жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу министр Космосбек Чолпонкулов "Азаттыкка" билдирди. Министр бул иш өзүнүн көзөмөлүндө экенин айтты:

- Жумушчу топ түзүп, "Азамат, Татьяна боюнча жакшылап изилдегиле" деп тапшырма бердим.

"Дарыгерден жабыркадык" деген эки бейтап Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясына чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз жазышкан.

Анткен менен министрликтин дарылоо, алдын-ала жардам берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов жана Биринчи май райондук милициясынын Алымбек аттуу тергөөчүсү иш жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелишти.

Буга чейин Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Касмалы уулу Нурландын каза болгонуна Алмаз Кулназаровдун шалаакылыгы себеп болгонун айтып маркумдун энеси Назира Сатыбалдиева "Азаттыкка" кайрылган болчу. 2016-жылы августтагы Нурландын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Каза тапкан жигит ага чейин эмканадан тишин жулдуруп, бирок жакшы боло албай, Улуттук госпиталдын бет-жаак бөлүмүндө дарыланганы белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Улуттук госпиталдын комиссияларынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 21 жаштагы Нурландын өлүмүнө алып келген, дарылоо ишинде кеткен кемчиликтер үчүн Алмаз Кулназаров менен дарыгер Айнура Алымбаева кызматынан бошотулган. Бирок сот алардын кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарып, дарыгерлер өз ишине кайтып келишкен.

Бул окуя боюнча Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен иш козголуп, учурда Бишкек шаардык милициясы тергеп жатат. Маркум Нурландын жакындары эки жылдап жүрүп ачылган кылмыш иши акыйкат тергелсе деп үмүт кылууда. Бирок алар жарым жылдан бери жылыш жок экенин айтып жатышат. Тергөө иштери акыйкат жүрүшүн жана ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүп, маркумдун энеси ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Сен кеткен тал түбүнөн канат таптым”

Медетбек Сейталиев.

Медетбек Сейталиев поэзия менен прозаны эриш-аркак ала жүргөн, сезим дүйнөсүнүн драмалуу учурларын көркөм иликтөөгө ык койгон жазуучу эле. Сүрөткер пенде баласынын ашыктык сезиминин ар кыл өңүттөрүн окуялар аркылуу сүрөттөөнү жактырып, чырмалышкан конфликттин чечилишин кызыктуу тапчу.

Анын чакан эпикалык жанрдагы “Кыргыз көчү” новелласы - айтылуу күүнүн тарыхын баяндаган чыгарма. Улуу талант Асанбек Кыдырназаровдун балапан кезинде башынан кечирген катаал окуя кийин классикалык чыгармага негиз болуп, улуу комузчуну өнөр дүйнөсүнө алып кирген.

“Аман экен! Аман! Кудайым, ай!”

“Кыргыз көчү” аңгемесинин негизин реалдуу окуя ээлегенин, чыгармага Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы алыскы Нарын айылында болгон окуя түрткү болгонун автор атайын эскертет. Акыйкатта да, “Кыргыз көчү” - батышта кан күйүп атканда алыскы кыргыз айылында кандай катаал драма ойнолгонун таасын чагылткан керемет чыгарма. Нарын дарыясындай буркан-шаркан түшкөн турмуш агымында жээкте калып кеткен эки жаштын кайгылуу сүйүүсү баяндалган.

Аңгеме аскерге чакырылган жигиттин сүйгөн кызы менен соңку жолугушуусун баяндоодон башталат. Эки жаш эл алдына ачык чыгыштан уялып, минтип түндө жашыруун жолугуп жатышпайбы.

“ - Бизди аскерге чакырып жатат. Жөнөйбүз жакында.

- Жакында! – селкинин алоолонгон көз карашы жигитке от чачкандай жабыла берди. Анан ошонусун кийин сезген өңдүү жайдары, сабырдуу кармады өзүн.

- Азыр тынчтык мезгили эмеспи. Эки-үч жылда айланып кайра келем. Өзүңө келем! Күтөсүңбү мени?!

- Күтөм! Өмүрүм канча жылга жетсе, ошончо жылдар сени күтүүгө кайылмын!”

Айткандай эле күтүү башталат. Бул күтүү кылыктуу селкинин ашыктык сезими канчалык терең, ак экенин сыноочу мезгил эле. Сампа кыз кызарган батышты үмүттүү карап, жигитинен келчү үч бурч катты энтеңдеп жеткизчү он жашар баланын – “кайнисинин” келер жолун карап күн кечирет. Арадан билинбей эки жыл өтүп, аскерге кеткен жигиттин кайтарына токсон күн, жок, сексен жети күн калат. А бирок күтүү дагы узарат, батышта согуш өртү чыкканы алыскы кыргыз айылына да жетет.

“Кыздын көз салганы эми Нарын суусунун берки өйүзүндөгү бала жашаган айыл. Кээде анын бир жакшы кабарды алып келаткандай торсолоң чуркаганын көргөндө кубанычы башынан ашат. “Аман экен! Кудайым ай, мени пендем деп жаратсаң, сүйгөнүмдү эсен-соо кайрып берчи! Ал көп десең, жүзүн бир эле көрсөтчү!!”

Кыздын андай арманы менен көпчүлүктүн иши не? Бойго жеткен селкинин колун сурап кудалап келгендерге узатуу аракети башталат. Ата-энесинин эркине көнбөгөн кыз өйүздөн кат алып келчү баланы күтөт. Анын тилегин берип бир ирет агасынын катын алып чуркап келаткан баланы көрүп кыздын сүйүнгөнүн айт - “Аман экен! Аман! Кудайым, ай!”

Айласы куруп турган Сампа кыз үйүндө болгон кеп-сөздү кичинекей балага айтып, аны айылына алып кетүүнү суранат.

“ - Сен эми чоңоюп калбадыңбы, садага! Аркы-беркиге түшүнөр убагың жетти. Мени башка бирөөгө узатканы жатат, атам! Бүгүн түнү үйүңөргө алып кет мени!

- Алып кетем, жеңе!

- Жеңе дейсиңби, садага?!

- Ооба, жеңе.

- Айланайын сенден! Айланайыным!.. – кыз баланы бооруна кысып, бетинен сүйдү. Кирпигинде кылгырып тамчылана калган көз жашы баланын бетине тамды”.

Арттагы куугунчуларды жазгырып, энтеңдеген он жашар кичине бала менен белгисиз тагдырга баш байлаган кыз көпүрөгө салбай, Нарын суусун басып калган муз аркылуу өйүзгө өтүшөт. Үйгө кирүүгө батынбай, жаңы келин боз үйдүн туурдуктары сакталган кичине кампа тамга баш калкалайт. Кыштын күнү ага эч ким кирбейт. Бала жеңесине тамак ташып, ал түгүл бир ирет апасынын сандыгынын ачкычын уурдап алып, андагы агасынын кара көрпө тебетейин алып келип берет.

Бир жумадан кийин кампада кысылган келиндин абалы оорлошуп, адам жаны ачыгандай кейипке түшүп калат. Аны көргөн бала болгон окуяны энесине айтып, ал атасына билдирип, жашырын иш ачыкка чыгат. Элет элинин пейилинин кенендигинен айланса болот. Сүйүнүчкө жылкы союлуп, үңүрөйгөн айылга той түшүп, келген эл эки жашка батасын берип кайтышат. “Көп жаша, балам! Тилегиңе жет! Жарың аман-эсен келип, бактылуу дооран сүргүлө!”- деп каалоо-тилегин айтышат.

“А менин ак көйнөгүм кара күйүк...”

Согуш кезиндеги оор турмуш, кан майдандагы жарын күткөн жеңеси менен ойноок бала колхоздун оор жумуштарына бирге чыгышат. Кыйын турмушка, өзүнүн тагдыры табышмактуу болуп турганына кайыл болгон келин майдандан жарынын аман-эсен келишин тилеп, жалаң күтүү менен убактысын өткөрөт.

“...Сампанын келгенине эки жылга карады. Турмуштагы бардык кордук, ызалыкка моюн сунбай, сүйгөнүнүн элеси менен гана жашап жүргөндөй ушунча убакка чыдап түткөн бул эмне деген деген арзып күтүү?! Адамдардан да чыгат тура!

Кээде ал көчөгө басып калганда (мындай учур анын өмүрүндө сейрек болчу) көргөн адамдар кандайдыр кол тийбес ыйык зат өтүп бараткандай суктана да, аягандай да тигилишет.

А келин болсо жүрөгүндөгү улуу сүйүүсү менен жашай берди. Арман, өксүү, жаштыктын талабы жок беле анда?! Тагдыр менен атаандашып, күткөн тилегине канчалык күчөнгөн сайын келе турган эртеңи жашоодон ала турган кубаныч, бактысы кылыр тоолордон көз учуна араң илинип, койнунда катылган белгисиз коктусундагы ак, сары, кызыл гүлдөр чылк баскан адырындай ошончолук ыраак да, кол жетпестей узак, чексиз сезилчү”.

А бирок баары тескерисинче болуп чыкты. Келиндин тилеги ишке ашпай, жалгыз бир үй-бүлө эмес, жамы айыл бүт тилек кылып, үмүт менен жашап аткан чакта кан майдандан “кара кагаз” келет. Нускалуу карылар: “Өлүмсүз согуш жок, ошентсе да ушул келиндин саргая күткөн тилегин сыйлап, сүйгөнүн эсен-соо кайрысаң болот эле, жараткан!” – деп арманын кимге айтарын билбей үшкүрүп, күйүткө баткан келин таңды-кеч кошок кошуп ичин тепкен күйүтүн муңканган ыйдан чыгарат.

“А менин ак көйнөгүм кара күйүк,

Жыттанып үйүм күйүк, сүйүүм күйүк.

Энчибиз жалгыз окпу кара күйүк!

Кылымдар шуудураган токой ичи,

Сен кеткен тал түбүнөн канат таптым.

Кай шумкар тебишүүдө үзүлдү экен?

Сен кеткен тал түбүнөн канат таптым!..”

Кошок бир жыл бою токтолбойт. Сампа жайлоого көчкөндө да узун жолдо ат үстүндө кошок кошуп, арманын айтып түгөтө албайт. Эл угуп шүйшүнүп тим болот. Келиндин арманы тоодой эле.

Арман-күйүттүн деле убакты-сааты өтөт, өлчөлүү турмуш өз өктөсүн жүргүзөт. Кан майдандан кайтпай калган жоокердин жылдык ашы берилип, келиндин үстүндөгү карасы алынат. Топтолгон элдин алдына атасы карасы алынган келинин алып чыгат:

“ - Бул менин бир үйгө жарык берген кутум эле, тагдырдын салганына амал канча! – буулуккандай бир аз токтоло калды. – Кандай гана ырыстуу сонун үй-бүлө болот элеңер силер! Нарын суусунун эки жээгине окшоп, эч качан бул жарыкта кошулбай калдыңар! Ошол гана менин бул дүйнөдө өксүп бүтпөс арманым! Өйдө кара, Сампа балам! Сен менин келиним эмес, кызым болуп калдың! Багыңды байлабайм, башың ачык эми, кызым!!

Жыйылган адамдар бир нерсенин эпкини тийгендей козголо түштү”.

Андан ары келиндин тагдырын башкалар чечип, күйүткө баткан ата-энесинен Сампаны ажыратышып, аны башка бүлөгө узатышат. Келини үйдөн узап кетип атканда атасы менен энеси бүк түшүп, буулуккан бала күчүн ыйдан чыгарат.

А кезде “баланын майышчаак жашык жүрөгү” ушул өксүк арманды күүгө салып, ал кыргыз кыйырына белгилүү “Кыргыз көчү” деп уккан адамды айран калтырчу улуу чыгарма болорун, бул жашоонун арман-асиретин өзгөчө ыргакта баян кылган бийик музыкага айланып чыгарын ал кезде ким ойлоптур?!

“Кыргыз көчү” - Асанбек Кыдырназаровдун кылымда бир жаралчу, айтылуу актер, улуу комузчунун колунан чыгып калган кайталангыс чыгарма.

Медетбек Сейталиевдин ырастаганы боюнча, бул күүдө “кыргыздын тоолоруна чак келбеген кылымдын коргошундай ныгыра баскан мүшкүлү жатат”. Уккан сайын уккуң келе берчү маани-мазмуну кыргыз тоосундай кенен мейкинди камтыган күү. Айтса, Асанбек Кыдырназаровдун бала кезинде башынан кечирген кайгылуу окуя Медетбек Сейталиевдин “Мунар тоолор” повестинде кыйла кенен чагылдырылган.

Медетбек Сейталиев кыргыз адабиятына 50-жылдардын аягында келип кошулган сүрөткер. Анын ырлары менен кара сөз чыгармаларында адам сезиминин ар кыл учурлары, алоо жанган ышкы менен маанайды чөктүргөн арман-асирети, кубаныч менен кайгыны, бир сөз менен айтканда, жашоонун улуулугу менен тереңдиги, татаалдыгы баяндалчу.

Сүрөткер катары ал жаштыктын алоо сезимин башкара албай калган жаш адамдын алгачкы турмуш драмасына кабылышын, биринчи тоскоолдукту жеңип чыгуунун кыйындыгын көркөм изилдөөнү жактырчу. Ушул ыңгайда жазуучунун “Тегирменчинин кызы”, “Роза”, “Шагылдагы адам” баяндары кыйла кызыгууну жаратары бышык. Буларда жаңыдан турмушка аралаша баштаган жаш адамдын жашоодон өз ордун табышы, орто жолдон чыккан кыйынчылыктарга карабай максатына жеткен жаш адамдардын күрөшү кыйла ынанымдуу сүрөттөлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бурулайдын иши: экспертиза күмөн жаратты

Маркум Бурулай Турдаалы кызы. Жеке архивинен алынды.

Ала качуудан кийин милициянын имаратында киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылууда. Алар мындай кадамга экспертизанын жыйынтыгына макул болбогондон улам барганы турушат. Милиция болсо сөөктү кайра текшерүү маселеси каралып жатканын билдирүүдө.

Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси жана жакындары маркумдун денесине жасалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусундагы бир пунктка макул болгон жок. Тагыраагы алар кыздын көкүрөгүндөгү тилинген жаракат боюнча дарыгерлердин бүтүмү туура эмес болуп калган деп эсептешет. Ошол себептен улам алар кыздын сөөгүн казып алып, кайра текшерүүнү талап кылышууда.

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев экспертизанын жыйынтыгына ишенбей турганын айтты:

Турдаалы Кожоналиев. Сүрөт "Азаттыктын" видеотасмасынан алынды.
Турдаалы Кожоналиев. Сүрөт "Азаттыктын" видеотасмасынан алынды.

- Кызымдын сөөгүн караган учурда көкүрөгүндө “М+Б” деп жазылганын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Ал тургай жазууну сүрөткө да тартып алганбыз. Бирок экспертизадагылар "ал жерде эч кандай жазуу жок" деп жыйынтык чыгарып коюшуптур. Аны жөн гана “жүрөгүн соктуруу үчүн урулган электрошокердин изи” деп жатышат. Мен сураштырсам, билгендер “анын изи кызарбайт, көк боюнча эле калат” деп жатышат. Анын үстүнө из оң тарабында болуп жатат, а медициналык аппарат менен урса, сол жагына жүрөк тушуна урушмак да, туурабы? Анткенде да кызым ошол милиция бөлүмүндө эле каза болуп калган экен. Анын өлүп калганын билсе, дарыгерлер эмне үчүн электрошокер басышты? Бул жерде түшүнүксүз нерселер көп. Ошондуктан кызымдын сөөгүн эксгумациялап, кайра экспертизадан өткөрүш керек. Бишкекте аныктай албаса, анда чет өлкөлүк адистер текшерип көрсүн.

Кожоналиевдин айтымында, кыздын көкүрөгүндө жазуу бар экени аныкталса, анда бул кылмыштын башка өңүттөрү да ачылат. Башкача айтканда “шектүү кызга бычак сайгандан кийин анын денесин тилип жибергиче милиция кызматкерлеринин кирип келбегени аныкталышы мүмкүн” дейт ал:

- Милиция кызматкерлери "окуя 40 секунданын ичинде” болгон деп айтып жатышат. "Эшикти бузуп, талкалап киргиче ал сайып жиберген" дегендей кылышып... 40 секунданын ичинде кантип мындай нерселер болуп кетет? Кылмышкер бычак сайгандан кийин анын денесине тиги жазууну бычак менен тилип жазган. Милиция кызматкерлери ошону бир канча убакыт карашкан эмес. Эгер экспертизадан кыздын денесиндеги тилик жазуу экени аныкталса, ошо жердеги милиция кызматкерлеринин да жоопкерчилигин кароого шарт түзүлмөк. Бул ошон үчүн маанилүү, - деди маркум кыздын атасы Турдаалы Кожоналиев.

Ички иштер министрлиги болсо эксгумация кылуу боюнча Бурулайдын ата-энеси оозеки гана кайрылганын, азырынча арыз келип түшө электигин кабарлоодо. Ошондуктан бул өтүнүч бир өңчөй чечиле элек.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева буларга токтолду:

Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

- Экспертизанын корутундусунда кыздын көкүрөгүндө жазуу табылган эмес. Маркумдун көкүрөгүндөгү тактар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жүрөктү иштетүүчү аппаратты (дефибриллятор) үч-төрт жолу баскандан улам калганы көрсөтүлгөн. Бул жерден белгилей кетчү жагдай - экспертизанын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан чыгарылган жана ал ИИМге баш ийбейт. Бирок эгер ата-энеси кыздын сөөгүн эксгумация кылууну өтүнүп кайрылса, ал кайра эле атасынын уруксаты менен мыйзам чегинде жүргүзүлөт.

Экспертизаны жүргүзгөн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза борборунан кеп болуп жаткан маселе боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Маалым болгондой, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган деп шектелүүдө. Бул окуя коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүп, окуяны иликтеп чыгууну президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө тапшырган.

Кызматтык иликтөөдөн кийин Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев жана анын орун басарлары Марлис Асанов менен Канат Жумаев 4-июнда иштен алынган. Мындан тышкары Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Исмаилов да кызматынан бошотулган. ИИМ жалпысынан 23 адам жазаланганын, 13ү иштен бошотулганын кабарлаган. Алардын бешөө түздөн-түз ушул окуяга байланыштуу кызматтан кеткени да айтылган.

"Кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:20 0:00

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев болсо 20-июнда соттун чечими менен ооруканадан чыгарылып, эки айга камалган. Бирок маркум кыздын жакындары кол салган Бөдөшевди эле эмес, милиция кызматкерлерин да камакка алууну талап кылып жатышат. Бурулайдын агасы Болот Дыйканбаев мындай дейт:

- Ар бир адам өзүнүн шалаакылыгы үчүн иштен кетип эле кутулбашы керек. Бул жерде жөнөкөй кылмыш эмес, адам өлүмү катталып жатат. Уруп, сабап салса да ал айыкмак, кечирсе болмок. Бул жерде ошол жерде кезметте турган милиция кызматкери, тергөөчүсү, сакчысына чейин жоопко тартылышы керек. Анткени кылмышкерди автоинспекторлор алып келгенден кийин алар ага колуна кишен салып, колундагы буюмдарын алып киргизбей, бош кое берип салышкан. Анан ал карындашыбызга бычак сайып салган. Ушуну үчүн бул окуяга жол берген кызматкерлер керек болсо камакка алынышы керек. Бирок тилекке каршы убакыт өткөн сайын бул ишти унуткаруу аракети болуп жатат.

Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы алып барууда.

Ал эми кылмышка шектүүгө карата козголгон Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча ишти Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат. Эки орган тең учурда тергөөнүн купуялыгына шилтеп, андагы маалыматтар менен бөлүшкөн жок. Иликтөө иштери качан бүтөөрү да айтылбай турат.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков резонанстуу иштер тезирээк иликтенип бүткөрүлүшү керек деп эсептейт:

Толкунбек Исаков.
Толкунбек Исаков.

- Тергөөнүн жүрүшүндө эксгумация кылган бул кадимки эле амалдардын бири. Адилеттүүлүк үчүн, чындыкты такташ үчүн бул кээ бир учурда чындап керек болот. Бул жерде эгер маркумдун жакындары талап кылып жатса - милиция аны жасап, талаш суроого жооп алып, чекит коюшу керек. Негизинен бул кылмыш категориясын тергөө эки айдын ичинде бүтүшү керек. Анда бүтпөй калса тергөөчүдө дагы убакыт кошуу укугу да бар. Анын үстүнө башында кызматтык иликтөө жана башка реакциялар болуп жатып, ишти башынан тергөөгө мүмкүнчүлүк азыраак болуп калса керек. Бирок ага карабай бул иш коомчулукта өтө чоң резонанс жараткан окуя болгондуктан милиция ишти тергөөнү тезирээк бүткөрүп, сотко өткөрүп бериши керек. Анткени коомчулук "Бул кылмышка жооптуу киши адилеттүү жазасын алабы?" деп чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Кыз ала качуудан чыккан бир ай мурдагы кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койгондой болду. Окуяга байланыштуу президент менен өкмөттүн жана тиешелүү министрликтердин удаа жыйындарынан сырткары укук коргоочулар жана жарандар баш калаада бир нече жолу митинг өткөрүүгө жетишти. 9-июндагы Бишкектеги акцияга экс-президент Роза Отунбаева да катышып, ала качуу токтобой жатканына эркектер да, аялдар да күнөөлүү экенин белгилеген. Ага карабай акыркы бир ай ичинде эле өлкөдө дагы бир нече ала качуу катталганы кабарланды.

Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча күнөөгө жыгылгандар жети жылга чейин абакка кесилет. Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүү 2013-жылы киргизилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мен билген коомдук ишмер, дипломат Роза Отунбаева

Роза Отунбаева

Кыргыздын дүйнөгө таанымал дипломат айымы, мурдагы президент Роза Исак кызы Отунбаева тууралуу учурда Финляндияда байырлап жаткан журналист жана публицист Асыран Айдаралиев жазган блог.

«БЕЙНЕ»

«Суу жай гана агат, а эгер кааласа баарын талкалап кетет. Аялдын күчү сууга тете - жумшак, бирок өтө кубаттуу!.» (Брюс ЛИ)

Роза Исаковна ОТУНБАЕВА: Кыргыз Республикасынын экс-президенти, Бириккен Улуттар Уйумунун (ООН) жогорку деңгээлдеги Кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү. Учурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» аттуу Эл аралык коомдук фондду жетектейт.
Сыйлыктары: «Датка Айым» жана «Каармандык» медалдарынын ээси.

БАШ СӨЗ ОРДУНА

Тагдыр менин тайгүлүк ташымды олку-солку, опурталдуу бир учурларда ойдо жок жерден катуу жектеп, кодулап, чет жакты көздөй сүрүп, аргасыз өз өлкөмдү тыштап кетүүгө мажбур болгон элем. Сай сөөгүм сыздап, кыйналып, кыйын учурларды башыман өткөрүп жүргөндө толгон өлкөлөрдүн ичинен «тагдыр ташым» Финдердин өлкөсүнө ооп, оомок турсун ошол «тагдыр ташым» ушул керемет өлкөгө «топ этип» кулап түшүп, минтип финдердин арасында камыр-жумур жашап калганыма учурда туура сегиз жылдын жүзү болуптур. Көп нерселерин өз көзүм менен көрдүм, уктум, ал гана эмес колум менен кармап «ушалап» да жүрөм.

Эмне дейт элем, эң башкысы эли-жерин сүйгөн башчылары, эрки, акыл-эси, ийининде башы бар эли ушинтип эле өздөрү үчүн бардар жашоо орнотуп алышат экен. Коркпой-үркпөй эле кадимки жомоктогудай жашоону өз күч аракеттери менен куруп, урушуп-талашпай эле умтулуп жетип алса болооруна кадимкидей ишенип, көзүм жетип, каныгып калган кезим. Кызыгы, ушул убакка чейин бул өлкөдө кыргыздар жок деп жүрсөм бар экен, ал эмес көп экен. Курулуш тармагында эмгектенип жүрүшкөн бир топ кыргыз балдар менен аз күн эле мурун жолугуп тааныштым.

Ал эми мындан 5 жыл илгери Лондон Олимпиядасына кыргыз балбандарынын талапкерлигин тандаш үчүн Келсинки шаарына келишкен спортчулар, алардын машыктыруучулары жана ошол кездеги ИИМ министиринин орун басары Мелис ТУРГАНБАЕВ, Экономика министиринин ошол кездеги орун басары Арзыбек КОЖОШЕВ менен жолугуп, баарлашкан элем. Андан кийин айтылуу Омбудсмен Турсунбек АКУН келип, алдын-ала сүйлөшүп, кеңешип-таңашып алганыбыз менен ага жолуга албай калгам. Ал өзү, «мен барганда мага чал, жолугалы» деген, бирок эмнегедир чалсам телефонун алган эмес. Кийин сураганымда «көптөгөн жолугушуу, иш-чаралардан кол бошобой, убакыт жок, сага жолуга албадым» деп түшүндүргөн, билбейм, балким чындыгы бардыр.

Анан эле бир күнү ушул мен жашаган өлкөгө капыстан эле кадимки Роза Отунбаева келип калаарын, «Асыран, мен азыр баланча деген жердемин, баланча убакта бошоп калам, шарт-мүмкүнчүлүгүң болсо келип жолугуп кет» деп чакырып калат деп ким ойлоптур? Чынында андай ой үч уктасам түшүмө деле кирмек эмес.

Анакей, түш-мүшү жок эле аз күн мурун дал ошондой окуйа өңүмдө болду. 19-июнда Финдердин өлкөсүнүн борбору Келсинки шаарында сыймыктуу эжекебиз, айтылуу экс-президентибиз Роза Исаковна ОТУНБАЕВА менен экинчи ирет капилет жолуктум.

АЛГАЧКЫ ЖОЛУГУШУУ.

2006-жылдын күз айлары болсо керек. Андагы Бакиевдин бийлиги анча күчүнө кире албай, олку-солку абалга туш болуп, улам бир жактан нааразычылык митингдер күчөп, жыйынтыгында ошол кездеги оппозиция масштабдуу бир чоң митинг өткөрүшкөн. Ал митинг «Реформа кыймылы үчүн» деп аталса керек эле. Кыскасы кырдаал катуу курчуп, чыңалып, митингчилердин саны көбөйүп, талаптар улам күчүнө кирип, Бакиев бийлигинин шаштысын кетирип жаткан.

Ошондо ыраматылык Мелис Эшимканов менен Өмүрбек Текебаев мага бир «срочный» тапшырма беришти. «Элге кыска-нуска, ток этээр жерин айткан кайрылуу жазыш керек, эртең менен даяр болсун» дешти. Өмүке кошумчалады, «орусчасын да кошуп даярдаш керек, антпесе болбойт» деп. Ошол эле жерде Роза Исаковна дагы жүргөн экен, Өмүкелер эжеге кайрылып, жазылган тексти жакшылап орусчага которуп беришин суранышты эле, Роза эже дароо эле макул болду.

Ошону менен ошол күнү мен Роза Исаковна менен таанышып, чогуу эженин үйүнө келип, үйүнөн мен кыргызча кайрылуу текст жазып, эже аны дароо эле орусчага которуп салган. Эртеси атайын дискке жаздырып, эртең менен эрте «Агым» гезитинин редакциясына алып келип оппозициячыл саясатчылардын колдоруна эже өзү тапшырып берген.

Өшөнтүп Роза Исаковна менен тээ илгери, мындан 12 жыл мурун капыл-тапыл жолугуп, жакындан таанышып калгам..

КЕРЕМЕТ ШААР КЕЛСИНКИ

Келсинкинин чок ортосунда жалаң элчиликтин имараттары жайгашкан аймакта «Haven» аттуу мейманкана бар. Роза Исаковна бир күн мурун ошол мейманканага келип жайгашыптыр. Бул жакка келген себеби, Бириккен Улуттар Уйумунун жогорку деңгээлдеги Кеңешчилер комиссиясынын ондон ашык мүчөсү баш болуп, анын ичинде аталган абройлуу Эл аралык уйумдун баш катчысы Антониу ГУТЕРРЕШ төш болуп, БУУнун (ООН) Баш-катчылыгынын консультативдик кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүш үчүн чогулушуптур.

Ал күнү ушул өлкөнүн экс-президенти Тарья ХАЛОНЕН айым (бул айым дагы аталган уйумдун ардактуу мүчөсү) БУУнун жогорку даражалуу кеңешинин атайын чогулушка келген сыйлуу мүчөлөрүн кечки тамактанууга жана кораблге түшүп сейилдеп келүүгө чакырган экен. Эже ал жактан кечки саат 22-00 дөрдө келээрин эскерткен.

Мен эже айткан убакта дал ошол жерде болуп калдым. Айтканындай эле так ошол убакытта сырттан бакылдап-шакылдаган бир топ чет элдиктер мейманканага топурап кирип келишти.

Ойлоп койгом, эженин жанында жансакчысы, же жандап, коштоп жүргөн 2-3 адамы болбосо да жардамчы бирөө-жарымы болсо керек деп. Жаңылыпмын, жап-жалгыз, өзү эле келиптир.

Ойумду шарт жыйыштыра салып, ордумдан секирип турдум да, алардын арасынан ар дайым «ачкиси» менен алыстан таанылган, татынакай Роза эжекемди илгиртпей эле таанып, алдын тосо утурлай бастым.

«Чын элеби, же жокпу» дегендей ишенип-ишенбей барып эже менен кол алышып жылуу маанайда учураштык. Чынымды айтайын, өзүмчө бир аз толкунданып, сүрдөп да кеттим.

А Роза Исаковна кадимкисиндей, жөнөкөй жана жайдары, таңгала күлүмсүрөп, мага, «Асыран, сен кайдан, слушай, бул жакка кантип, качан келип калгансың, эмне кылып жүрөсүң?» - дегендей бир катар суроолорду узатканга да үлгүрдү.

Андан соң эже, «жүр эми, эшикке чыгып, ээн-эркин басып, кобурашып келели» деген сунушун айтып, экөөбүз ээрчише басып сыртка чыктык. Тунжурап, ашкере тынчтык өкүм сүргөн (Учурда Фин жергесинде буурул түн (белая ночь) өкүм сүрүп турган чак) түнкү керемет Келсинки шаарынын бир топ жерлерин кыдырып басып жүрдүк.

Аркы-беркиден, өткөн-кеткенден, саясаттан, жөн-жай турмуштан болушунча кеп салып божурашып отуруп кайсы маалда кайра мейманканага келип калганыбызды байкабай деле калыптырбыз.

Ошол, ошентип мейманкананын биринчи кабатына киргенибизде Роза Исаковна, «мен эс алайын, эртең менен эрте кетем, олуттуу жолугушууларыбыз бар, эми сен алыста жүрөсүң, аман бол, Асыран» деди да колун сунуп, жылмайып, мени менен жылуу коштошуп өзү жайгашкан бөлмөсүн көздөй беттеп, жайбаракат тепкич менен өйдө көтөрүлүп чыгып кетти.

Мына кызык, Роза Исаковна кирип кеткен соң менин жан дүйнөмдөгү уйгу-туйгу ой-чабытым ойгонуп, толгонууларым ошондон кийин башталды. Оозумду ачып, далдырап, эмнегедир дендароо болгон немече шаардын кооз, кызыктуу жерлерин кыдырып жүрүп эжени урунттуу жерлерден жакшылап эстелик үчүн сүрөткө деле тартып албаптырмын.

Же, жок дегенде бир жерден тамактанчуу жайга киргизип, шашпай отургузуп, сыйлап, даам сыздырганга да жарабай, таптакыр эле эсиме жара чыгып, эңгиреп калганыма таң калып, бармагымды тиштедим.

Андан да түштөн кийин, кыйратып салгансып эжени узатып койуп, кайтып, электричкада келе жатып, ка-ап, антсем болмок экен, ка-ап, минтсем болмок экен деп койом. Кээде мээң ордунда болбой, иштебей, «катып» калса ошол экен да. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» деген чын окшойт, ошентип накта «көсөөлүк» кылык-жоругума азыр да өкүнүп, туталанып жүрөм..

ОТУНБАЕВА ДЕГЕН КИМ?

Роза ОТУНБАЕВА. Мен билгенден Роза Исаковна эң эле жөнөкөй, катардагы, кадимки эле кыргыздын карапайым айымдарынын бири. Эң башкысы Эне, Эже, андан кийин анан мыкты, кесипкөй дипломат, коомдук-саясый ишмер, эгемен Кыргыз Өлкөсүнүн экс-президенти десек куп жарашат.

Роза Исаковнанын саясый карьерасы алгач тээ Акаев бийликке келген жылдары башталганы айкын. Дал ошол жылдардан баштап жалаң дипломатиялык жогорку кызматтарды аркалап, мен-мен деген, ай-асманды чапчыган атактуу, аттуу-баштуу өлкөлөрдө далай жылдары элчилик кызматтарды жетектеп жүрдү.

Өз өлкөбүздө бир эмес үч жолу Тышкы Иштер Министирлигин жетектегенин андан да жакшы билебиз. Демек, Роза Отунбаева дипломатиялык кызматты дыкат алып кете алган, тышкы саясатты, алака байланышты чемичкедей чаккан, алаканга жайа салгандай өздөштүргөн, өтө билимдүү, бирден-бир иш билги кадр экенинен шек саноо мүмкүн эмес болчу.

Башка кеп, биздин өлкөбүздү башкарам, эл башы болом деп бийликке келген «эргулдарыбыздын» эң башкы оркойгон кемчилиги, өнөрү эле ушул болуп калганы өтө өкүнүчтүү. Эптеп эле эки чылбыр, бир тизгин колуна тийип, көчүгүн майталкан менен «мамык креслого» жакшылап бекитип, отуруп алган соң, ишти билген, жөндөмдүү, тажрыйбалуу, мекенчил, кесипкөй чыгаан уул-кыздарыбызды кодулап, аларга ар кандай жалааларды жабуу менен шугулданып, куугунтуктап, эч бир себепсиз кызматтан алып, анан эле өздөрүнө жакын, ыңгайлуу, айткан-дегендерин дароо аткарып, ошонун гана оозун тиктеп иш кылып, элдир-селдир эт менен челдин ортосунда жүргөн бир «байкуштарды» тегерегине топтоп алышат.

Роза Исаковна дагы ошондой «куугунтук-кодулоолордун» кордугун далай көрдү. Бирок башкаларчылап, кызматтан кол жууган күндүн эртеси бакырып чыгып, кечээки өзү кызмат кылып жүргөн бийликти ур-тепкиге алып, байма-бай сындап, бакылдап чыккан учурларын дегеле көргөн жокмун. Ошентсе да Отунбаева кайда гана болбосун, кандай гана кызмат өтөп, аркалабасын бар-жогу эч билинбей эле эл-журту, мекени үчүн опол тоодой кызматын алынын жетишинче, колунан келишинче унчукпай-этпей эле үзүрлүү аткарып келди.

Ыңгайы келип калды окшойт, учурдан пайдаланып ушул мисалды да кыстара кетейин. Эгерим мамкызматчыларды жактырып, аткаминээрлерди өмүрү мактап-жактап көрбөгөн айтылуу аналитик журналист агам, ыраматылык Алыке (Алым ТОКТОМУШЕВ) Роза Исаковнаны мактап, түшүнүктүү, адамкерчиликтүү, бийик маданияттуу айал экен деп баалаган. Себеби, ТИМди жетектеп турганында Кытайга иш сапар менен чогуу барганын, министир катары чет элдик кесиптештери менен абдан жеңил, оңой, ийкемдүү тил табышып, таасирдүү жана так иш алып барганын, англис тилде эркин сүйлөгөнүн эргүү менен айтып калчу.

Ал жактан кайра кайтканда Алыкени Үрүмчү шаарына калтырып, «2-3 күн шашпай эс алып, жакшылап шаарды кыдырып, кең-кесир таанышып анан келиңиз» деп, ошол жакта иштеген дипломат балдарга табыштап, атайын тыштап келгенин, кийин Кытайдан кайтып келгенинде жетиналбай, сүйүнүп, абдан ыраазы болуп, айтаарга сөз таппай мактанып жүрдү го, кайран Алыкем.

Роза Исаковнадагы мындай жогорку сапатты, жөнөкөйлүктү жана саясый маданияттуулукту, анын алды-артын аңдап түшүнө билген бекем эркинде жана сабырдуулугунда, көп нерсени алдын-ала көрө билгенинде десем мен эч жаңылышпайм.

ӨЛКӨ ЖАНА ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛ.

Бакиевдер бийликти толук өздөрүнө менчиктеп алгысы келип, чектен чыгып кеткенине бүтүндөй коомчулук нааразы болуп, ичинен жарылайын деп эле араң турган учур болгон. Мындай нааразычылык 2009-жылы чыңала баштап, акырындык менен күчөп отуруп акыркы «апогейине» 2010-жылдын 7-апрелине келип, «тарс» жарылды. 100 гө жакын бейкүнөө жарандарыбыз шейит кетти. Анткен менен алар элинин эркиндиги үчүн жандарын берип, баатырларча курман болушту. Башкысы, башкесер Бакиевдер бийликтен кол жууп, куйруктарын түйүп, жоопкерчиликтен качып кутулушту. Ошондой кыйын кырдаалда, кыйчалыш мезгилде, өлкөнүн тагдыры жардын кырына кептелип, ал эмес салаңдап калган маалда дал ушул Роза Отунбаева эжекебиз бүтүндөй жоопкерчиликти өз мойнуна алып, баарын көтөрүп, эл-журтун ар түрдүү болуп кете турган алаамат-коогалаңдан сактап, кырдаалдан кыл сууругандай кыйгап өткөрүп кеткенин таныш кыйын. Албетте, айрымдар мойундабай, так секирип, жебенин огун башка тарапка буруп, танганы менен карт тарых эженин мындай чечкиндүү, таасирдүү жана эрктүү кадамдарын эч качан танбайт жана татынакай таасын, адилет баасын берет. Жашырганда эмне, менмин деп өз көкүрөгүн жара муштап бакылдап жүргөн эркекетана сайасатчыларыбыз саймедиреп сайраганы менен ошол учурда баштарын коңулга катып, жоопкерчиликти мойундагысы келгенден кадимкидей коркушкан. Аны көк жал Текебаев кийин ачык эле айтып, өзү жар салган жайы бар. Өлкөнү болгону бир жарым жыл башкарып, ошол кыска мөөнөттө олку-солку абалда турган өлкөбүздү акырындык менен жай турмушка кайтарып, аздап болсо да абройун көтөрүүгө жетишип, айтылган мөөнөттө бийликти татынакай тапшырып берип, башын бийик көтөрүп басып кеткен. Эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу мыйзамдуу жол менен бийликти өткөрүп берүүнүн жолун көргөзүп, кийинкилерге үлгү боло тургандай жол ачып кеткен дагы дал ушул Роза ОТУНБАЕВА болду.

«Эл оозунда элек жок» - дешет. Жакшысы да, жаманы да эл ичинде. Албетте, элдин баарына бирдей жагыш кыйын. Бирөө билип сүйлөсө, кай бирөөлөр билбей эле божомолдоп урдура берет эмеспи. Ушак деген немени тыйганга эч кимдин кудурети жетпейт. Айтыла берет. Бу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Роза Отунбаеваны жөнү жок жөөлөп, опурулуп сындап, далил-фактысы жок эле далай ушак-айыңды оңду-сол таратып, чайырдай чаптагандар да чени жок четтен табылып турду. «Ал жактан килтейген хан сарай алып ийиптир, бул жактан минтип ийиптир, андан да тили буруу бирөөгө «тийиптир», анан антип-минтип «ийиптирлер» менен гана чектелишип, тил безеп сайрагандардын саны канча калыңдаганы менен «кылдысы» менен «болдусу», болбогон божомолдору суу кечпеди. Өзгөлөр ишенмек турсун «өрдөкчүлөр» учурган «өрдөктөрүнө» өздөрү да ишенип-ишенээрин билбей жүрүшүп, арсыз, аңыз имиш кеп-сөздөр акыры барып аргасыздан тынчыды. А Роза Отунбаева ал окшогондорго теңелип, обу жок теригип, андайларга убакыт-саатын кетирип отурган жок, алардын деңгээлине түшкөндөн ат чабым алыс болду. Өз жоопкерчилигин өзгөчө сезе билген жетекчи катары өлкөсүнүн өнүгүп-өсүшүн камсыздап, милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, ажолук кызматта аз жыл иштесе да майын чыгара саз иштеп өткөрүп берди. Эми анын баарына баа бере турган калың журту, калайык калкы жана тараза ташын салмактачу эртеңки карт тарых.

Финляндиянын борбору Келсинки шаарында өткөн БУУнун (ООН) консультативдик Кеңешинин жыйынында Кеңештин ардактуу мүчөсү Роза ОТУНБАЕВАНЫН сүйлөгөн сөзү..

КОРУТУНДУ СӨЗ.

Арийне, «атактуунун атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» демекчи, ток этээр жерин айтайын. Aшкере мактап-жактайбызбы, жаалап, аша чаап сындап кара көө чаптайбызбы, эмне гана дебейли, эгемен Кыргыз тарыхындагы Отунбаева эжекебиздин орду, баскан жолу өзгөчө. Аты-жөнү, эли-жери үчүн жасаган эмгеги тарых тактасынын эң бийик текчесинен жай алып, илинип тураарында эч кандай шек жок. Көрсө, улуу адамдар ушундай эле жөп-жөнөкөй болот тура, асмандап, айды чапчып сүйлөбөй эле жер менен басат тура. Эл менен элче, карапайым менен крапайымча сүйлөшүп, коркпой-үркпөй эле каалаган адамы менен каалаган убагында, кайсы жерде, кайсы өлкөдө болбосун жүз көрүшүп, кол алышып, ал-жай сурашып, ой-пикир бөлүшүп, кадимкисиндей эле күлүп-жайнап, жансакчысы, кароолчу-пароолчусу жок эле, эл арасында ээн-эркин басып, кенен-чонон дем алып, жайбаракат жай турмушун өткөрүп, ишмердүүлүгүн улантып, кыбырап болсо да кыргызы үчүн опол тоодой кызматын кылып жүрө берет тура. Мына, көргүлө, мындан өткөн сый-урмат, бийик даража кайда? Ошол бийик даража менен даанышмандыкты, улуулукту, ашкере жөнөкөйлүк менен адамдык сапаттын үлгүсүн дал ушул айымдан, эжекебизден, экс-ажобуз Роза Исаковна ОТУНБАЕВАДАН өткөн аптада өзү менен жолукканымда өзүмдүн көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, жон терим менен сезип, кадимкидей туйдум. Дагы далай сөздөрдү айтсам болот эле, антпедим, баянымды ушул жерден кыскартып, токтотойун деп чечтим. Сөзүмдүн соңун, аңгемемдин айагын «калк айтса калп айтпайт» менен жыйынтыктап, көкүрөктү көзөп кете тургандай, акылмандык менен айтылып жүргөн «Эл менен болсоң бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» деген накыл кеп менен бүтүргүм келди...

Асыран Айдаралиев
Асыран Айдаралиев

P.S. (Келсинки шаарында Роза Исаковна менен болгoн жолугушуумду аз мурун болсо да камсыздап, алдынала маалымат жиберип, байланышууга шарт түзүп беришкен мекендешим Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА айым менен Эл аралык «Роза ОТУНБАЕВАНЫН демилгеси» коомдук фондунун аткаруучу деректири Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА айымга терең ыраазычылык билдирем).

Асыран АЙДАРАЛИЕВ,

Финдердин өлкөсүндө жашаган эркин журналист,
публицист.
Келсинки шаары. 23-июнь, 2018-жыл

Жаш саясатчылар эмнеге аз?

Жаш саясатчылар эмнеге аз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:36 0:00

Сабалган эгиздер, эненин өтүнүчү

Сабалган эгиздер, эненин өтүнүчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:39 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG