Элеттеги жаш дарыгерлердин жашоо үчүн күрөшү. Кыргызстанды чет жакта иштеп жүргөн мигранттар өнүктүрөбү? Ооганстандагы согуштан араң аман калган үй-бүлө Кыргызстанда он жылдан бери баш калкалап, качкын макамын күтүп жүрөт. Дүйнөлүк таймашка даярдык көрүп жаткан "калькулятор бала".
Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер кезмет учурунда токко урунду. Кырсыктан улам оор жаракат алып, күйүп калган жигиттин оң колу кесилди. Ушул тапта дарыгерлер анын сол колун сактап калууга аракет кылып жатышат.
Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун БУУнун экс-баш катчысы, маркум Кофи Аннан тууралуу ой бөлүштү.
Тарыхта ГКЧП же "Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет" деген аталыш менен калган Совет өлкөсүндөгү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 27 жыл болду. 1991-жылы 19-21-август күндөрү Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Ал күндөрү Кыргызстандын саясий жетекчилиги жана коомчулугу бул аракетке каршы чыгып, өз позициясын билдирген. Ошол күндөрү ГКЧПга каршы турган штабдын башчысы болгон, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) ошол кездеги теңтөрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” маек куруп, окуяларды эскерди.
Сахалинде кагаз чыгарган заводдун чатыры кулап түштү.
Ушул күндөрү эки миллиондой мусулман Сауд Арабияда ислам дининдеги негизги беш парздын бири болгон ажылык амалдарын аткарышууда.
Өкмөт Матраимов боюнча райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыла элек.
Бишкек шаарындагы Осмонкул атындагы көчөдө №3 өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгү жайгашкан. Анда алты өрт өчүрүүчү унаа жана 60 кызматкер бар.
Кыргызстанда акыркы жылдары арзан саякатты тандаган туристтер арбый баштады.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-20-август).
Нарын шаарындагы 87-кесиптик лицейдин мугалими Казыбек Мамырканов 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында кол өнөрчүлүгү менен баш байгени алган. Быйылкы оюндарга ал кийизди ийри ийне менен тешип жасаган жаңы ыкмадан жаралган кызыктуу композицияларын алып чыгууга камданып жатат.
Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган жараянга нааразы болууда.
Дагы жүктөңүз