Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:53

Борбор Азия

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИНИН ШВЕЙЦАРИЯДАГЫ ВИЗИТИ:КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР

Улан Алымкул уулу, Прага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Швейцариядагы расмий иш сапары учурунда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын чыңдоону көздөдү. Ал эми казак президентин кабыл алганы үчүн Швейцариянын бийликтерине нааразы болгондор эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Казакстандагы адам укуктарынын абалы жана коррупция маселеси көбүрөөк талкууланышы керек эле деп эсептешет.

Президент Нурсултан Назарбаев эки күнгө созулган расмий иш сапары учурунда Швейцариянын президент Паскал Кушпен баштаган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрдү.Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ливио Зенорали биздин радионун кабарчысына берген маегинде белгилегендей,сүйлөшүүлөрдө тараптар бир топ маселелерге кайрылды:

-Алар Борбор Азиядагы чөлкөмдүк кызматташтыкты,Швейцария техникалык жана каржылык салым кошкон программалар боюнча кызматташтыкты, Казакстандагы саясий мамилелерди, албетте анан адам укуктары менен эркиндиктери маселесин талкуулашты.

Визит учурунда Казакстан менен Швейцариянын экономикалык жана соода алакаларын кеңейтүүгө багытталган эки келишимге кол коюлду.Мындан сырткары казак президенти швейцариялык ишкерлер чакырылган инвестициялык жыйынга катышты. Казакстан менен Швейцариянын өз ара товар алмашуусунун көлөмү жылына 500 миллион долларга чейин жетет.Казакстан өз тарабынан мунай жана алтын жөнөтүп, кайра түрдүү өндүрүш жабдууларын, дары-дармектерди сатып алат.

Жолугушуудан соң Швейцариянын президенти Паскал Кушпен казакстандык кесиптеши менен адам укуктары маселесин талкуулаганын ырастады.Ал эми биргелешкен пресс-конференцияда ал Казакстанды демократиянын америкалык үлгүсүнө ыктоого үндөдү.Ага карабай президент Н.Назарбаевди кабыл алганы үчүн Швейцария бийликтерине нааразы болгондор да жок эмес.Казакстандын оппозициядагы Республикачыл Эл партиясынын Париждеги өкүлү Рашид Нугманов:

-Тилекке каршы бул расмий визит болгондуктан биз өз мамилебизди айтышыбыз керек.Бул визит Казакстанда эркиндикти муунтуу,демократиялык оппозицияны басмырлоо жараяны жүрүп жаткан учурда болгонуна терең өкүнүчтөбүз.

Казак өкмөтүн сындап жүргөндөр Н.Назарбаевдин визити алдында Швейцария президенти Паскал Кушпендин дарегине кат жолдоп ,казак президентин кабыл алуу жөнүндөгү чечимин кайра карап көрүүгө чакырышкан эле.Кат ээлери Н.Назарбаевди"автократ лидер"деп мүнөздөшкөн. Анткен менен Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ливио Зеноралинин пикиринде,Н.Назарбаедин визити пайдалуу болду. Расмий Берн үчүн аны менен адам укуктары жаатындагы кырдаалды талкуулоого шарт түзүлдү:

-Швейцария Конфедерациясынын президенти Паскал Кушпен мырза Казакстандын президентине адам укуктары жаатында чечүүнү талап кылган сегиз иш боюнча меморандум тапшырды.

Швейцариянын өзүндө болсо ,өлкө бийликтерин казак президенти менен сүйлөшүү өткөргөнү үчүн Жашылдар партиясы,"Коркунучка кабылган элдердин коому" деп аталган эл аралык бейөкмөттүк уюм сынга алды.Аталган уюмдун жергиликтүү бөлүмүнүн баш катчысы Ханспетер Биглер белгилегендей, аларды Швейцария президентинин коррупциялык иштер менен байланышканы үчүн айыпталган казак президенти менен экономикалык кызматташтыкты талкуулаганы кабатырлантат.Швейцария бийликтери мындай кадамга Казакстандагы адам укуктарынын абалынан жана саясий репрессиялардан улам да барбаш керек эле.Ханспетер Биглердин пикиринде, сүйлөшүлөрдө адам укуктары жана коррупция маселери талкууланганы менен алар жөнүндө үстүртөн гана сөз болду:

-Менимче,тышкы иштер министри Мишелин Калми-Рей маселени талкуулады.Бирок , биз көргөндөй президент Кушпен мырза көбүнесе экономика жөнүндө гана сөз кылып, коррупция жана адам укуктары маселеси тууралуу аз гана айтты.

Ал эми Швейцариянын Жашылдар партиясынын парламенттеги өкүлү Пиа Холленштайн казак президентинин визитине байланыштуу мындай дейт:

-Биз Швейцария Назарбаевди чакырбашы керек эле деген ишенимдебиз.Казакстандагы бийликтин кылык-жоругунан улам, ал биздин өкмөт менен сүйлөшүүгө чакырык албашы тууралуу айтканбыз.Казак бийликтери кылмыштуу иштерге аралашкандай көрүнөт. Себеби Швейцариядагы банк эсептериндеги кээ бир акчалары камакка алынган.

Айткандай эле, 2001-жылы АКШнын юстиция министрлигинин өтүнүчүнө ылайык, швейцариялык бийликтер Женевадагы банктардын биринен жалпы өлчөмү 120 миллон доллардай акча жаткан эсептерди камакка алган. Андагы акчалардын бир бөлүгү Казакстандын президент Нурсултан Назарбаев баш болгон азыркы жана мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн эсебине АКШнын мунай компанияларынан пара катарында түштү деп шектелген.
Президент Н.Назарбаевдин визити алдында Женева шаарынын ушул ишти караган прокурорлорунун бири Марк Боннант жергиликтүү "Le Temps" гезитине берген маегинде "Казакгейт" деп аталган бул чуулгандуу окуяга тиешеси бар маселелер расмий сүйлөшүүлөрдө талкууланбайт деген пикирин билдирген. Швейцариялык прокурор белгилегендей , президент Н.Назарбаевдин ал чуулгандуу иштерге тиешеси жок .Айтор, бул ирээт казак президенти Швейцарияда 28-январга чейин болуп , дүйнөлүк Давос форумуна да катышат.

ТАЖИКСТАН ЕВРОПА БИРИМДИГИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН БЕКЕМДӨӨДӨ

Тажикстан акыркы мезгилде Европа Биримдиги менен байланыштарын бекемдөө багытындагы аракеттерин күчөтүүдө. Дүйшөмбүнүн өкүлдөрү Еврошаркет – саясий туруктуулук менен экономикалык бейкамдыкты камсыздоодо өрнөктүү өнөктөш экенин белгилешет. Анткен менен, Брюсселдик эксперттер азырынча Борбордук Азия Еврошаркет үчүн артыкча маанидеги чөлкөм эмес деп эсептешет.

1991-жылы көз карандысыздык алаар замат Европа Биримдиги менен кызматташтык мамилелерин орноткон Тажикстан кийинчерээк өлкөдө согуш оту алоолоп турганда, бул байланыштарын дээрлик жоготуп алган болчу. 1997-жылы өлкөдөгү кан төгүү токтогон соң, тажик өкмөтү кайрадан эл аралык байланыштарын бекемдөө, айрыкча акыркы мезгилде Европа Биримдиги менен мамилелерин чыңдоо багытында көп аракеттенүүдө. Өткөн айда Парижге расмий визит менен барган тажик президенти Эмомали Рахмонов Тажикстандын Еврошаркет менен жакындашуу ниети Францияда кызуу колдоо тапканын билдирген.

- Президент Жак Ширак Тажикстан менен Еврошаркеттин мамилелерин жакшыртуу, Европа Биримдигинин биздин өлкөгө көрсөтүлчү жардамын көбөйтүү маселелеринде француз өкмөтү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир ирет белгиледи, - деген анда президент Рахмонов.


Ушул аптада Дүйшөмбүнүн Брюсселдеги элчиси Шариф Рахимов эки тараптуу байланыштар жакында болчу жаңы визиттер учурунда кошумча бекемделээрине басым жасады. Анын айтымында, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселеси декабрда Дүйшөмбүдө өткөн Евросоюз-Тажикстан Кеңешинин кезектеги жыйынында кеңири талкууланды. Эми февралдын ортосунда Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча комиссары Крис Паттен Дүйшөмбүгө барып, Тажикстандын жетекчилиги менен жолугушат. Алдын-ала айтылган маалымат боюнча, визит учурунда Крис Паттен Тажикстандын президенти Э.Рахмонов, премьер-министри А.Акилов жана тышкы иштер министри Т.Назаров менен кездешип, көп маселелер боюнча пикир алышмакчы.


Андан кийин март айында Тажикстандын президенти Рахмонов Брюсселге барып, эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү жаатында Европа Комиссиясынын президенти Романо Проди менен баарлашат.


Андан тышкары Европа парламенти Тажикстандын мыйзам чыгаруу органы менен өлкөнүн демократиялык тажрыйбасын байытуу багытында тыгыз кызматташууда. Тажикстандын Брюсселдеги элчиси Рахимов Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдына койгон башкы талаптарынын бири – чөлкөмдөгү коңшулаш мамлекеттер менен мамилелерди чыңдоо экенине көңүл бура кетти.

- Биз бүгүнкү күндө регионалдык деңгээлде коңшулаш өлкөлөр менен тыгыз кызматташтык түзө алдык, мындай мамилелер баарыбыз үчүн пайдалуу экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи, - дейт Тажикстандык элчи.


Дүйшөмбүлүк көз карандысыз изилдөөчү Рашид Гани узакка созулган согуштан оңолуп, бутуна туруп, эми жаңыдан тышкы саясатын аныктай баштаган Тажикстан Европа Биримдигин артыкчылыктуу багыттардын бири катары белгилеп жатканын айтат. Бирок, Тажикстан антип канчалык Европа менен мамилелерин жакшыртып, жакындашууга куштарлыгын көрсөтпөсүн, Батыштык байкоочулар Европа Биримдиги үчүн Борбордук Азия чөлкөмү азырынча артыкча маанидеги регион боло албаарын белгилешет. Брюсселдеги Европанын саясий изилдөөлөр борборунун аналитиги Майкл Эмерсон АКШ баштаган антитеррордук коалиция Ооганстанда террорчулардын уюткусун жок кылуу операциясын улантып жаткандыктан, Еврошаркет Борбор Азиядагы коопсуздукка гана чоң маани бериши мүмкүн деп эсептейт.

- Борбордук Азия, негизинен алганда, Еврошаркеттин кызыкчылыктарынан тышкаркы чөлкөм. Башында, Советтер Союзу жаңыдан кулаганда, Европа Биримдиги мурдагы советтик жумурияттардын баарына бирдей маани берип, алар менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу бирдей макулдашууларга кол койгон. Бирок, убакыт Еврошаркеттин Борбордук Азиядагы кызыкчылыктары улам суюлуп баратканын көрсөтүүдө, - дейт Брюсселдик эксперт. Ошентсе да, Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча Тажикстан саясий жана экономикалык жактан стабилдүү өнөктөш катары Европа Биримдиги менен карым-катнашын кеңейтүүгө умтулууда.

ПРЕЗИДЕНТ С.НИЯЗОВДУН “ЫЙЫК ӨМҮРҮНӨ” КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН АДАМДАР КАЛГАН ӨМҮРҮН АБАКТА ӨТКӨРӨТ.

Амирбек Азам уулу,Прага. Түркмөн парламенти өлкөнүн Жогорку сотуна ноябрь айында президент Ниязовго каршы ишке ашпай калган кутумдун катышуучуларын “өзгөчө жазага” тартууга укук берди. Депутаттар “бир добуштан” бекиткен чечимге жараша, кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылып, аларга мунапыс же кечирим болбойт, жаза мөөнөтү бүткөнчө алмаштырылбайт.

Түркмөн парламенти кабыл алган токтомго ылайык, президент С. Ниязовдун “ыйык өмүрүнө” коркунуч туудурган “беймаза чыккынчылар” Борис Шихмурадов, Нурмухаммед Ханамов жана Кудайберди Орозов калган өмүрүн абакта өткөрүшөт.
Б. Шихмурадов өлкөнүн мурдакы тышкы иштер министри, К. Орозов Улуттук банктын мурдакы төрагасы жана Н. Ханамов Түркиядагы мурдакы элчи.

С. Ниязов бекиткен токтом 16-январда маалымат булактары аркылуу таркатылды.





“Эч кандай жагдайда токтом өзгөртүлбөйт. Бу деген алар жоопкерчиликтен бошотулбайт жана мөөнөтүнөн мурда эч кандай шартта эркиндик албайт дегенди түшүндүрөт. Түрмө шарты да жеңилдетилбейт”,

- деп айтылат түркмөн сыналгысынан окулган токтомдо.

Өлкөнүн Кылмыш кодексине таянып, Жогорку сот мурдараак Б. Шихмурадовду, Н. Ханамовду жана К. Орозовду 25 жылга кескен болчу.

Азыр чет өлкөдө жашаган Ханамов менен Орозов сыртынан соттолгон.

Лондондо жайгашкан Эл аралык мунапыс уюмунун адиси Анна Сандер- Плассманн айымдын айтымында:





“Жогорку Кеңеш көз карандысыз мекеме. Түркмөнстандагы бардык бийлик президенттин колунда жана парламенттин токтому 25-ноябрда башталган репрессиянын бир бөлүгү”.


ИТАР ТАССтын кабарлашынча, ишке ашпай калган кутумдун уюштуруучулары жана аткаруучулары деп табылган ишкер Куванч Жумаев менен дагы эки адам да өмүр бою эркинен ажыратылган. Үчөөнүн мүлкү өкмөттүн пайдасына тартып алынат.

К. Жумаевдин уулу, Франс пресстин маалымдашынча, 25 жылга, бир тууганы менен атасы 20 жылга кесилди.


“Бизди эки нерсе тынчсыздандырат. Сот биринчиден жабык өттү. Экинчиден, бизге жеткен куш тилиндей кабарларга таянып, сот процесси маскара оюн сыңары өттү деп бүтүм чыгара алабыз. Бийликтер соттолгон адамдардын ысымдарын да толук жарыялабады,”

- деген Сандер- Плассман “Азаттык” радиосуна берген интервьюда.

Өткөн жекшемби күнү президент Ниязов түркмөн сыналгысынан сүйлөп, мындай деп эскерткен:





“Айыпаталып жаткан 32 адамдын 20-сы мыйзамга ылайык эркинен ажыратылат. Калган 12 адам алыскы жайларга көчүрмө кылынат”.


Түркмөнбашынын бул сөзүн сот өкүм чыгарганда көрсөтмө ирети пайдаланганы күмөнсүз.

Эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору Арон Родес да мындай суроо коет:


“Сот процесси көптөгөн суроолорду жаратат... Айыпкерлерге адвокат берилдиби? Соттун жүрүшүн байкоого мүмкүндүк болдубу?”


Ниязовдун Б. Шихмурадовду жарымы армян, жарымы түркмөн “аргын” деп келекелөөсүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлү Фримут Дюьве тоталитардык түзүлүшкө таандык көрүнүш катары баалады.




“Биз зулумдуктун эле эмес, тоталитардык системанын күбөсү болуудабыз. Жагдай Сталин жана Гитлер заманында болгон окуяларды эске салат. Бул деген жалпы душман каны бөлөк чет элдиктер, түркмөн эместер дегенди түшүндүрөт...Сталин да ушундай кылган”.


Түндүк Каролина университетинин профессору Стив Сэбол Түркмөнстандагы соңку окуялар газга бай өлкөдөгү экономикалык кырдаалды ого бетер татаалдантат деген ишенимде.



“ Өлкө ичинде репрессия мүмкүн болушунча күч алат. Бул жагдай эл аралык кызматташууга терс таасир этет. Түркмөнстан тышкы инвестицияга муктаж. Азыркы шартта... Евросоюз, АКШ жана Россия эл аралык жардам программасы, ар кандай долбоорлор боюнча Түркмөнстан менен иштешүүгө шашпайт. Бул Түркмөнстандагы экономикалык жагдайды дагы начарлатат”.

ТҮРКМӨНСТАНДЫК ӨЗБЕКТЕР ТҮПКҮ МЕКЕНИНЕН АЛЫС ЖАКТАРГА КӨЧҮРҮЛӨТ

Түркмөн президенти С. Ниязов Өзбекстандын чек арасына жакын аймактарда жашаган Түркмөнстандык өзбектерди башка жактарга көчүрүүгө көрсөтмө берди. Ташкен менен Ашгабаттын ортосундагы мамилелер кескин начарлап, түркмөн-өзбек чек арасында кырдаал чыңалуу бойдон. Эми ага кошумча Ашгабат жергиликтүү өзбектерди «татыксыз жарандар» катары кысмактай баштады.

Түркмөн президенти С.Ниязов ушул айдын башында өкмөттүн жыйынын өткөрүп жатып, түркмөн-өзбек чек арасына жакын жашаган өзбек улутундагы адамдарды «татыксыз» жарандар катары башка жактарга көчүрүүгө көрсөтмө берди. Өзбектер байыртадан байырлаган аймакка келечекте түркмөндөр жайгаштырылмакчы.
Ашгабаттын бул чечими ансыз да начарлап кеткен Түркмөнстан менен Өзбекстандын мамилесин ого бетер бузаары шексиз. Тымызын тирешүүнүн тарыхына кайрылсак, 25-ноябрда түркмөн президентинин өмүрүнө кол салуу аракети жасалгандан кийин, ал окуядан көп узабай Түркмөнстандын коопсуздук кызматтары Ашгабаттагы өзбек элчилигине кирип барып, тинтип-текшерип кетишет. Ага удаа түркмөн бийлиги «президент Ниязовдун өмүрүнө кол көтөргөндөргө Өзбекстандын элчиси Абдурашид Кадыров колдоо көрсөтүптүр» деп элчини өлкөдөн кууп чыккан. Кийинчерээк, кол салуунун башкы уюштуруучусу катары Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов колго түшкөн соң, Ниязов өзү «Шихмурадов 25-ноябрдан бери Ашгабаттагы өзбек элчилигинде жашырынып отуруптур» деп билдирген. Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги бул окуялардан соң Ашгабатка нааразылык нотасын тапшырып, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара кошумча аскерий күчтөр менен бекемделген.
«Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда жакында эле Түркмөнстандагы туугандарына барып келген өзбек аял түркмөн чек арачылары анын документтерин далайга текшерип, беймаза кылганын маалымдайт.
- Түркмөнстанда жашаган өзбектерге өтө ишеничсиз, татыксыз адамдар катары мамиле кылынууда. Паспортунда «өзбек жараны», же «улуту өзбек» деген жазуусу барларды өзүнчө бөлүп алып, Түркмөнстандагы туугандарына кездештирбегенге аракет кылышат, - дейт чек аранын ары жагындагы туугандарынын коопсуздугунан чочулап, атын атоодон баш тарткан өзбекстандык аял. Өткөн жылдын аягында Түркмөнстандагы туугандарына коноктоп барып келген дагы бир өзбек аял ошондо эле жергиликтүү өзбек жетекчилерди түркмөндөргө алмаштыруу аракети башталганынан кабардар болуп кайтканын айтат.
Айтор, өткөн аптада Ашгабаттагы жыйында президент Ниязов өкмөттөн тез арада Өзбекстандын чек арасына тушташ 3 райондо жашаган өзбектерди Казакстан менен чектеш, өлкөнүн түндүк-батыш тарабына көчүрүүнү талап кылды. «Ишеничти актабаган адамдарга биз мойнундагы күнөөсүнөн арылууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип атабыз», - деп белгиледи түркмөн президенти. Казакстан менен чектеш чөлкөм – климаты катаал, чоң шаарлар жокко эсе, айыл-кыштактары чачыранды, бири-биринен алыс жайгашкан аймак. Ал жактарга күчкө салынып айдалса, түркмөнстандык өзбектердин жер которууга жана жаңы үй курууга кеткен чыгымдары өкмөт тарабынан төлөнөөр-төлөнбөсү белгисиз. Түркмөн президенти өзбектерди көчүрүү тууралуу тапшырма берип жатып, алар ары жакка ооп качып кетпесин дегенсип, Түркмөнстандын чек арасын бузган адамдар 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилээрин эскерте кетти.
Москвадагы «Мемориал» укук коргоо борбору кабарлагандай, түркмөнстандык өзбектер кечээ жакындан тартып эле куугунтукка кабылып отурган жок. Мисалы, чектеш аймактарда жашаган өзбектердин балдары мектепке түркмөндөрдүн улуттук кийимин кийип барууга милдеттендирилген учурлар аз эмес. Ал эми андай чаралардын эң соңкусу катары укук коргоочулар, өткөн аптада Түркмөнстандын таанымал муфтийи, улуту боюнча өзбек Насрулла ибн Ибадулланын кызматынан алынганына көңүл бурушат. Түркмөнстандык мусулмандардын жаңы лидери, же муфтийи болуп 35 жаштагы түркмөн Какагелды Вепаев дайындалды.

ТҮРКМӨНСТАН ОРУСИЯДА БАШ КАЛКАЛАГАН ОППОЗИЦИЯЧЫЛАРДЫ КАМАККА АЛУУ АРАКЕТИНДЕ

Түркмөнстандын президенти С.Ниязов дүйшөмбүдө Орусия менен кош жарандык тууралуу 1994-жылы кол коюлган макулдашуу токтотулушу мүмкүн деп билдирген. Укук коргоочулар түркмөн бийлиги аталган макулдашуудан баш тартуу менен, 25-ноябрдагы түркмөн президентинин өмүрүнө кол салуу аракетине катышы бар деп шектелген белгилүү оппозициячыларды Москванын жардамы алдында колго түшүрүүнү көздөп жатканын айтышат.

Түркмөнстандын бийликтери Орусия менен 1994-жылы кол коюлган кош жарандык тууралуу келишимден баш тартуу менен, укук коргоочулардын айтымында, Орусиядан түркмөн оппозициячыларын чыгарып кетүүнү көздөөдө. Бул пикирди түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун дүйшөмбү күнкү билдирүүүсү да кыйыр түрдө ырастайт. «1994-жылы мен кош жарандык жөнүндөгү макулдашууга Орусиянын ал кездеги жетекчиси Борис Ельцин менен кол койгон элем. Азыр биз ал макулдашууну убактылуу токтотууну туура таптык. Башкача айтканда, биз Орусияда жашаган түркмөн жарандары Түркмөнстандын мыйзамдарына баш ийсин деген сунуш киргиздик. Жалпысынан, Москва буга макул болду, жакын арада расмий жооп келишин күтүп жатабыз. Андан кийин маселе Халк Маслахаты, же Улуттук Кеңештин кароосуна сунушталат», - деди түркмөн лидери.

Бул билдирүү ушул айдын башында Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайло Ашгабатка барып, түркмөн президентинин өмүрүнө кол салууга катышкандарды издөөдө Москва ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн бышыктап, коопсуздук кызматтарынын кызматташтыгын өркүндөтүү тууралуу макулдашууга кол койгонуна үн кошкон көрүнүш катары кабыл алынды. Рушайло 2-январда Ашгабатта президент Ниязов менен жолуккан соң журналисттерге бул тууралуу билдирүү жасаган.

- Биз эл аралык терроризмге каршы күрөшүү маселесин, анын алкагында жакында Түркмөнстандын президентине каршы жасалган кыянатчыл аракеттерди талкууладык. Орусия бул окуяга карата өз пикирин айткан, ошентсе да дагы бир ирет бул иш – террордук акт экенин кайталап кетмекчимин. Биз бул кол салуу аракетин иликтөө жаатында Орусиянын укук коргоо органдары менен коопсуздук кызматтарынын жардамын сунуш кылдык, - деп билдирген эле журналисттерге Москванын расмий өкүлү.

Жаңы жыл алдында президент Ниязовдун өмүрүнө кол салгандардын башкы уюштуруучусу катары өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов камакка алынып, өмүрүнүн аягына дейре эркинен ажыратылды. Ага өкүм чыгарган 30-декабрдагы Улуттук Кеңештин жыйынында түркмөн президенти бул кыянатчыл ишке катышы бар дагы эки оппозициячы – Түркмөнстандын мурдагы баш банкири Худайберды Оразов жана Түркиядагы мурдагы элчи Нурмухамед Ханамов Орусияда жашырынып жүрүшкөнүн, алардын тагдырын орус президенти менен телефон аркылуу талкуулаганын кабарлаган. Эл аралык «Амнести Интернешнл» уюмунун маалыматы боюнча, расмий Ашгабат «Азаттык» радиосунун Москвадагы кабарчысы, Швецияда жашаган түркмөн оппозициячысы Сапармурат Иклымовдун аталаш агасы Ораз Иклымовду да Орусиядан экстрадикциялоого кызыкдар. Ораз Иклымов өзү ишеничтүү булактардан алынган маалыматка таянып, түркмөн бийлиги ага каршы кылмыш ишин козгогонун айтат. Ашгабатта түркмөн президентине кол салуу болгон күнү, 25-ноябрда Ораз Иклымовдун эки уулу – 20 жана 31 жаштагы Аили менен Эсенаман камакка алынган. «Азыр алар мени колго түшүрүүгө жан талашууда. Мени Түркмөнстанга депортациялап, камакка алыш үчүн Ашгабат эки уулумду барымтада кармап отурат. Алардын бири Аили абактан бошотулду, бирок Москва университетиндеги окуусун улантыш үчүн кетүүгө уруксат ала албай атат», - дейт «Азаттыктын» түркмөн редакциясынын Москвадагы кабарчысы Ораз Иклымов.

Андан башка да Орусияда жашаган түркмөн оппозициячылары азыркы тапта Москва аларды күчкө салып, Ашгабатка өткөрүп берет деп кооптонууда. Алар, Орусия Түркмөнстандан 2005-жылга дейре 10 млрд. куб метр, 2008-жылга дейре 20 млрд. куб метр жаратылыш газын экспорттоого макулдашканын белгилеп, энергетикалык кызыкчылыктардан улам, Москва демократиялык нормалардан тайып, түркмөнстандык саясатчыларды тымызын Ашгабатка депортациялоодон кайра тартпай тургандыгын айтышат. «Амнести Интернешнл» жана башка адам укуктарын коргоо уюмдары болсо, Орусияны – Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолор жана башка ырайымсыз мамилелерге каршы Конвенциясына кол койгон мамлекет катары андай аракеттерден оолак болууга үндөп жатат. «Түркмөн оппозициячылары Түркмөнстанга күчкө салынып кайтарылса, аларды өз мекенинде түрмө, атайын органдардын ырайымсыз мамилеси күтүп турганы шексиз», - деп эскертишет эл аралык укук коргоочулар.

ӨЗБЕКСТАН: ЭКОНОМИКАЛЫК РЕФОРМАНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖАНА САЯСЫЙ КЫРДААЛ

Акыркы 16 айда терроризмге каршы жүрүп жаткан согуш Өзбекстанды уруш майданына чектеш өлкө катары Вашингтондун союздашына айлантты. Бирок, кээ бир Батыш байкоочуларынын айтымында, Өзбекстан эски советтик саясый-экономикалык системаны реформалай албады, жергиликтүү ислам радикалдарына каршы буроо да таппады.

Борбор Азиядагы, анын ичинде 25 миллион калктуу Өзбекстандагы стабилдүүлүккө болгон кызыгуу, Батыш өлкөлөрүн ырасмий Ташкентке кысым көрсөтүп, республикада фундаменталдуу реформа жүргүзүүгө мажбур кылууда.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында айрым батыштыктар Өзбекстанды Борбор Азиянын экономикасын алга сүйрөгөн локомотив катары көрүшкөн. Мындай ишеничке, бир жагынан, өлкө калкынын саны, дүйнөдөгү эң ири пахта өндүрүүчүлөрдүн бири экени, алтын, мунай жана газдын мол кору негиз берген. Элдин саны республиканы региондогу эң чоң керектөөчү кылып, экономикалык өсүшкө мыкты өбөлгө болот деп ойлошкон байкоочулар.

Экинчи жагынан, мындай үмүткө, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун талдоочусу Брюс Паниер баамдагандай, “Каримов көз карандысыздыктын алгачкы мезгилинде Өзбекстанда прогресс болушу үчүн эң оболу экономикалык реформа, анын соңунан социалдык реформа жүргүзүлүшү шарт деп айткан сөзү” негиз берген.

Бирок, “Wall Street Journal Europe” басылмасы байкагандай, президент Каримов Батыш үлгүсүндөгү экономикалык реформадан баш тартып койду.

Эл аралык Валюта Фондунун өлкөнүн акча рыногун либералдаштыруу аракети да оңкосунан кетти. Тескерисинче, өзбек бийликтери базарларды жаап, чет элдик товарлардан алынчу салыкты көбөйттү. Буга валюта фонду нааразылык билдиргенде, салык бажы тарифи менен алмаштырылды.

Мындай жагдай, Европанын Өнүгүү жана Реконструкциялоо Банкы 2002-жылы Өзбекстанда эч кандай реформа болгон жок деп бүтүм чыгарышына негиз болду. “Өткөөл жолундагы өлкөлөр жөнүндөгү докладдын атайын бөлүгүндө жана башка жерлеринде Өзбекстанда өтүп бараткан жылы реформа такыр жүргүзүлгөн жок, кичине да жылыш жок жана узак убактан бери жалчыбаган гана жылыш болду деп көрсөттүк”,- деп билдирген эле банктын башкы экономисти Виллем Боутер 25-ноябрда биздин радиого берген интервьюда.

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча адис Брюс Паниер да: “Экономикалык реформа чындап жүргүзүлгөн жок. Социалдык реформа ишке ашпай калды. Менин пикиримче, И. Каримов экономикалык реформа жаатында жасаган аракети күткөндөй натыйжа бербегенине шайы ооп турат азыр. Ал мага карманган жолунан чыккысы келбегендей көрүнөт. Анын экономикага мамлекеттик кийгилишүүнү бошоңдотуусу, арийне, анын каршылаштарынын позициясын бекемдетет. Анткен менен, ушу тапта И. Каримовго чакырык таштагандай эч ким жок”, - деген ойдо.

Өлкөдө күчтүү оппозиция болбогону менен, президент миңдеген адамдарды саясый жана диний көз карашы үчүн эркинен ажыраттырган. Алардын көпчүлүгү - дипломаттар менен укук коргоочу уюмдардын айтымында - саясый жүйөө менен камалгандар.

Абактагыларды уруп-сабамай Өзбекстанда кеңири жайылган. Декабрь айынын алгачкы 10 күнүндө Өзбекстандын жаза жайларын кыдырып көргөн жана абакта отуруп чыккан адамдар менен кездешип баарлашкан Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча адиси Тео ван Бовен: “Уруп-кыйноо, мен байкаганга караганда, (Өзбекстанда) сейрек кездешчү окуя эмес, кадыресе көрүнүш. Кыйноо астында жана башка мыйзамсыз жолдор менен алынган көптөгөн күбө-таныктар сот маалында далил катары колдонулуп, өлүм жазасына же катаал өкүм чыгарууга негиз болгон деп чочуйм”,- деп кыжаалаттанган эле.

Элдин каатчылык турмушу, Африка өлкөлөрүндөгүдөй өндүрүштүн чала жан абалы жана жабык экономика саясаты, Өзбекстандын бир кыйла пассивдүү калкын ан сайын чүнчүтүп, исламчыл радикалдардын кыртышын байытат, элдин бийликке каршы козголушуна өбөлгө болот дейт атын ачыкка чыгаргысы келбеген Батыш саясатчысы.

КАСПИЙ ТАЛАШЫ: ТҮРКМӨНСТАН КИМДИ КОЛДОЙТ?

Улан Алымкул уулу, Прага Жакында Түркмөнстанда Орусиянын жана Ирандын жогорку деңгээлдеги делегациялары болду. Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдө тараптар Каспий деңизин кантип бөлүштүрүүгө байланышкан маселени да талкуулаганы белгилүү. Бирок, бул чукул жасалган иш сапарлар - Каспийди жээктеген өлкөлөр ортосунда бир топтон бери талашка түшкөн маселени чечүү жаатындагы жылыштын белгиси же кезектеги эле саясий жүрүш экени түшүнүксүз.

Орусия менен Ирандын бирин экинчиси улай өткөн аптада, Түркмөнстанда болгон делегацияларынын көздөгөнү - Каспий боюнча өз кызыкчылыктарын коргоо экени талашсыз. Өздөрүн айрым тармактарда өнөктөш катары көргөн Орусия менен Ирандын туруму Каспий маселесине келгенде эки ача чыгат. Алсак, Иран Каспий жана анын түбүндөгү кен-байлыктар беш өлкөгө бирдей өлчөмдө , 20 % дан бөлүнүшү үчүн күрөшүүдө. Ал эми Орусия, Каспийдин түбүн бөлүштүрүү ар өлкөнүн жээктеги үлүшүнө жараша жүргүзүлүш керек деп эсептейт. Мында Иранга Каспийдин эң аз бөлүгү ,13% туура келет. Орусия буга чейин Иран тааныбаганына карабай Каспийдеги чек аралар боюнча Казакстан жана Азербайжан менен эки тараптуу келишим түзүүгө жетишти. Андыктан, Каспийдин жээгиндеги өлкө катары Түркмөнстандын бул талаш маселеде, кайсыл тарапты жактаары да мааниге ээ. Буга чейинки окуяларда байкалгандай, Түркмөнстан коңшусу Иранды колдогондой түр көргөзүп келүүдө.

Орусия менен Түркмөнстандын ортосунда жагымсыз жагдай түзүлгөн учурда, өткөн аптанын жуму күнү Ашхабадда болгон кезинде Орусия Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайло президент Сапармурад Ниязов менен беш саатча сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдөн кийинки сөзүндө, Орусия Коопсуздук Кеңешинин катчысы анын өлкөсү жакында өз өмүрүнө кол салуу аракетине туш болгон түркмөн лидерине колдоо көргөзөөрүн жашырган жок.

"Биз баарынан мурда эл аралык терроризм менен күрөшүү проблемасын, анын ичинде жакында мамлекет башчысынын өмүрүнө кол салуу аракетине байланыштуу Түркмөнстанда орун алган окуяларды талкууладык. Орусия ар убак өз турумун ачык билдирип келген жана аны дагы бир ирээт айта кетким келет. Биз окуяны террордук акт катары карайбыз жана бул жерде укук коргоо органдары менен атайын мекемелердин алкагында кызматташууга даярбыз" ,- деди Орусия Коопсуздук Кеңешинин катчысы президент Сапармурад Ниязов менен жолуккан соң.

Эске сала кетчү жагдай - президент С. Ниязовго кол салуу аракети болгондон кийин, түркмөн тарап атын атабаганы менен кол салууну жасагандардын артында тургандарды калкалап жатканы үчүн орусиялык саясатчыларды айыптаган. Ошондой эле түркмөн тарап «өлкөнүн ал кол салууну уюштурган мурдагы үч расмий өкүлү Орусиянын жарандыгына ээ», деп ырастаган болчу. Алардын бири, мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов өткөн айда Ашхабаддан шектүү жагдайда кармалып, өмүр бою түрмөгө кесилди. Түркмөн бийликтери эми калган эки адамды да Орусиядан өткөрүп алгысы келет. Ушундан улам Орусиянын Коопсуздук Кеңеш катчысынын Ашхабаддагы визити, бир четинен ошол татаалдашып кеткен мамилени жумшартууну да көздөсө керек. Бирок, Рушайло баштаган делегациянын иш сапарынын учурунда экономикалык алакалар, анын ичинде, газ соодасына жана Каспийди бөлүүгө байланышкан маселелер жөнүндө да сөз болду. Бул максатта Ашхабадга Орусия энергетика министрлигинин өкүлдөрү да барган эле.

Анткени , Москва Каспий талашында Иранга ыктап келген Түркмөнстанды өз тарабына тартууга аракеттенип жатканы жашыруун эмес.

Орусия соңку ирээт, өз ара пикир келишпестиктерди жоюу багытындагы сунуш катары, Каспийдин жээгиндеги өлкөлөрдү талаш жерлердеги кен-байлыктарды баалап көрүүгө чакырды. Буга чейин белгилүү болгондой, Каспий боюнча талаш жерлер Иран менен Азербайжандын ортосунда бар. Ал эми жакында Орусиянын Каспий боюнча элчиси Виктор Калюжный, Тегеран Түркмөнстандын Каспийдеги оффшордук, же, башкача айтканда, жээктен алысыраак аймактарына да көз артып жатканын билдирди. Ал аймактардагы кенди Орусия Түркмөнстан менен бирге иштетүүнү көздөөдө. Москвалык расмий өкүлдүн мындай билдирүүсү Иран менен Түркмөнстандын ортосуна шынаа кагуу максатында да жасалышы мүмкүн.

Айтор, кандай болгон күндө Орусиянын Коопсуздук Кеңеш катчысынын соңунан Түркмөнстанда өткөн ишемби күнү бир күндүк чукул визит менен Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази болду. Ал жакында өлкө парламентинен өкмөттүн Каспий жаатындагы пассивдүү саясаты үчүн кагуу жеген эле. Камал Харрази да Ашхабадда түркмөн президенти Сапармурад Ниязов менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдөн соң Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид-Реза Асефи «ИРНА» жаңылыктар агенттигине билдиргендей, жолугушууда ири долбоорлор жана Каспий боюнча кызматташтык маселеси талкууланган. Ушундан улам Ирандын тышкы иштер министри өз иш иш сапарынын учурунда түркмөн президентинен орусиялыктар менен болгон сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат, же Ашхабад Тегеранды колдой берээри жөнүндө кепилдик алууну көздөдү деп айтууга болот.

ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ САЯСИЙ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК АБАЛ.

Нарын АЙЫП, Прага Түркмөнстан, Пакистан жана Ооганстандын жетекчилери 27-декабрда Ашгабат шаарында Түркмөнстандан Пакистанга чейин газ куурун жаткыруу боюнча келишимге кол коюшту. Анын алдында болсо, 26-декабрда Ашгабатта оппозиция жетекчиси Борис Шихмурадов кармалды.

26-27-декабр күндөрү Ашгабат шаарында ооган жетекчиси Хамид Карзай, Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали жана түркмөн президенти Сапармурад Ниязов катышкан бийик жолугушуу болуп өттү. 27-декабрда үч жетекчи түркмөн газын Пакистанга жеткирүү боюнча келишимге кол койду жана ал келишим боюнча Түркмөнстандын Довлетабад шаарынан ооган аймагы аркылуу Пакистандын Мултан шаарына чейин узундугу бир миң 460 чакырымга жеткен газ кууру жаткырылууга тийиш. Долбоордун жалпы баасы үч милиард 200 миллион долларга жетет, аны кийин Индияга чейин улаш керек болсо, кошумча дагы бир миллиард доллар талап кылынат.

Жаңы куур аркылуу жыл сайын 20 миллиард куб метрге чейин табигый газ өтүшү мүмкүн жана андан газ саткан Түркмөнстан дагы, газды алган Пакистан да ири пайда көрөрү шексиз. Кийин суюлтулган газ Пакистандын Гвадер портунан Жапания менен Түштүк Кореяга да жөнөтүлмөкчү. Ооганстан дагы бул долбоордон пайда табат - газдын транзити үчүн ооган казынасына жыл сайын 300 миллион доллар түшөт деп болжолдонууда, андан тышкары, аны иштетүү үчүн Ооганстанда 12 миң жаңы жумуш орду ачылат.

Маселе эми - бул долбоорду ишке ашыруу, бирок азырынча ага кызыккан компания же компаниялардын консорциуму түзүлө элек. Эксперттердин айтымында, долбоорго америкалык “Юнокал" фирмасы кызыгышы мүмкүн, ал мурда эле, 1997-жылы түркмөн газын Ооганстан аркылуу эл аралык базарга чыгарууга аракеттенген, бирок коопсуздук маселелери менен байланыштуу андан баш тарткан. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн Азия өнүктүрүү банкы өткөн аптада бир миллион доллар бөлдү жана негиздеме эмдиги жылдын июн айына чейин түзүлүүгө тийиш.

Ашгабат бул долбоорду, албетте, өлкө жетекчилигинин ири экономикалык жана саясий жеңиши катары баалоодо, анткени долбоорго мурда катышууну каалаган Өзбекстан ага кирбей калды. Түркмөн президентинин өмүрүнө 25-ноябрдагы кол салууну уюштурууга Өзбекстан көмөктөшкөн, - деп Түркмөнстан жакында Ашгабаттагы өзбек элчилигинин имаратын тинткенден кийин, эки өлкө ортосундагы мамиле үзүлгөн.

Өзбекстанды ири экономикалык долбоордон четтетүү менен кошо, президент Ниязов дагы бир саясий жеңишке ээ болду - анын негизги саясий душманы, оппозиция лидери Борис Шихмурадов 26-декабрда өзү колго түшүп берди. Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Шихмурадовдун 24-декабрда, кармалаар алдында жасаган билдирүүсүнө караганда, оппозиция жөн гана бир нече митинг уюштурууну көздөгөн, ал эми жалган мамлекеттик төңкөрүштү түркмөн коопсуздук кызматтары өздөрү уюштурган жана бийлик эми ага таянып оппозицияны куугунтуктап, ондогон адамды камакка алды. Камалгандар жана алардын туугандары абактарда кыйноого алынууда жана Шихмурадовдун пикири боюнча, мүмкүн, ал бийликтин колуна түшүп берсе, репрессиялар токтобосо да, басаңдайт. Анткен менен, Шихмурадовдун айтымында, ал баары бир Ниязовдун режимине каршы күрөшөт жана ал келечекте камактан жасай турган шектүү жарыяларга ишенбеш керек, анткени алар кыйноонун натыйжасында гана жасалат.

Маскөөдө жайгашкан "Мемориал" аттуу адам укуктарын коргоо борборунун эксперти Виталий Пономарев болсо, Шихмурадовдун камалышы менен Түркмөнстандагы репрессиялар токтой турганына ишенбейт: "Менин оюмча, Түркмөнстанда эми жаңы камактар болушу мүмкүн, анткени акыркы күндөрдө Борис Шихмурадов жана ноябрдын аягындагы окуяларды даярдаган башка адамдар да кармалды. Ошондуктан, репрессиялардын дагы күчөшү толук ыктымал".

Ошентип, Борбор Азиядагы эң авторитардык түркмөн бийлиги кошуна мамлекеттердин жардамы менен ого бетер күчтөнүүдө.

ЖУРНАЛИСТ ДУВАНОВГО КАРШЫ СОТ.

Нарын АЙЫП, Прага 24-декабр күнү Алматынын алдындагы Каскелең шаарында Сергей Дуванов аттуу эркин журналистке каршы сот башталды. Ал сот кандай аяктаары алдын ала белгилүү, анткени президент Нурсултан Назарбаев сотко чейин эле Дувановду күнөөлүү деп жарыялаган.

Казак журналисттери үстүбүздүгү жылы бир топ ийгиликке жетип, эл аралык коомчулукка таанымал болду. Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети ноябр айында өзүнүн 2002-жылдагы сыйлыгын Казакстандын "Деловое обозрение" аттуу гезитинин редактору Ирина Петрушовага берди. Петрушова өлкөдөгү коррупция жана, өзгөчө, камакка алынган оппозициялык саясатчылар Галимжан Жакиянов менен Мухтар Аблязов тууралуу көп жазган. Анын курч макалалары бийликтин талуу жерлерине тийгендиктен, үстүбүздөгү жылы Петрушованын үйүнүн алдына белгисиз бирөөлөр иттин өлүгүн таштап салып, гезиттин редакциясынын маңдайына болсо, ал иттин кесилген башын илип койгон.

Лондон шаарында жайгашкан атактуу "Экономист" журналы болсо, "2002-жылдын журналисти" деген наамды Казакстандын "Республика" аттуу гезитинин редактору Лира Байсеитовага ыйгарды. Байсеитова дагы өлкөдөгү коррупция тууралуу көп жазган, жайында болсо, ал швейцариялык прокурор менен маектешип, анын Казакстандагы абал тууралуу ойлорун жазып чыкканда, журналисттин 25 жаштагы кызы түшүнүксүз шартта каза болгон. Милициянын айтымында, ал баңги зат менен кармалган жана абакта өз өмүрүн өзү кыйган, бирок оппозиция ага ишенбейт.

Декабрдын онунда болсо, Нью-Йорк шаарында кыргызстандык Топчубек Тургуналиев жана башка үч адам менен кошо казакстандык дагы бир журналистке эл аралык сыйлык берилди. "Адам укуктары боюнча бюллетендин" редактору Сергей Дувановго Нью-Йорк шаарында жайгашкан Адам укуктары боюнча эл аралык лига ыйгарган сыйлык, бирок, Дувановдун кызына тапшырылды, анткени октябрдан бери Дуванов камакта жана 24-декабр күнү ага каршы сот иши башталды.

Дуванов дагы Казакстандагы коррупция жана президент Нурсултан Назарбаевдин чет өлкөлөрдөгү акчасы тууралуу көп жазган. Үстүбүздөгү жылы ага "президенттин аброюна шек келтирген" деген күнөө коюлган, бирок иш сотко жеткен эмес. Август айында Дувановду белгисиз адамдар көчөдө катуу сабап кеткен, 28-октябрда болсо, Америка Кошмо Штаттарына жуп жөнөөр алдында, ал камакка алынган.

Ошол эле 28-октябр күнү Казакстандын ички иштер министирлиги атайын маалымат жыйынын өткөрүп: Дуванов түнүчүн 14 жаштагы кызды зордуктаптыр, - деп жарыялаган. Бирок министирлик журналисттерге тараткан ал тууралуу кагаз - Дувановко коюлууга тийиш күнөөлөр жазылган жана ал кармала электе президенттик администрациядан министирликке жөнөтүлгөн жолдомо болуп чыккан.

Сот жабык эшик артында өтүүдө, Дувановдун коргоочулары сотту кийинкиге калтырууну талап кылууда, анткени тергөө материалдары менен адвокаттар толук таанышып бүтө элек жана сотко чет өлкөлүк байкоочуларды катыштыруу маселеси да чечиле элек. Казакстандын көз карандысыз "СолДат" гезитинин башкы редактору Ермурат Бапи соттун биринчи күнү тууралуу мындай дейт: "Бүгүн сотто тек кана процессуалдык маселелер каралган экен. Актоочулардын айтымында, алар койгон бир нече талап соттун кароосунда болуптур, бирок алардын бир катарын сот кабылдабаптыр. Мисал үчүн, сотту жаңы жылдан кийин өткөрүү жөнүндө, Дувановдун иши боюнча көз карандысыз корутунду жасоо жөнүндө маселелер чечилген жок".
Соттун кийинки жыйыны 27-декабрга дайындалды, бирок ноябр айында, журналистке каршы сот баштала электе, президент Назарбаев Дувановду күнөөлүү деп жарыялаган, ошондуктан, сот кандай багытта өтөөрү алдын ала белгилүү.

ӨЗБЕКСТАНДЫН ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ӨЗ ӨЛКӨСҮНӨ КАЙТЫП КЕТҮҮГӨ МАЖБУР БОЛДУ.

Азиза Турдуева, Прага 21-декабрда Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси Абдурашид Кадыров түркмөн бийлигинин талабы менен өлкөдөн Ташкентке кайтып кетүүгө мажбур болду. Расмий Ашгабад өзбек элчисине президент Сапармурад Ниязовго кол салууга көмөктөшкөн деген айыпты коюууда. Ташкент болсо, мындай доону четке какты.

16-декабрь күнү Ашгабаттагы Өзбекстандын элчилиги жана анын кызматкерлери жашаган үйлөр Түркмөнстандын коопсуздук кызматкерлери тарабынан уруксатсыз тинтүүгө учурагандан кийин, 21-декабрда элчиге 24 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлду.

Расмий Ашгабад өзбек элчисин “түркмөн оппозициясынын лидери Борис Шихмурадовго башпаана кылууга уруксат берген” деген күнөөнү коюуда. Кыйыр түрдө айтканда, элчи Абдурашид Кадыров түркмөн президентине кол салууга катышы бар деп шектелүүдө.

Түркмөнстандын баш прокурору Гурбанбиби Атажанова буга байланыштуу мындай деп билдирди:
“Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси Абдурашид Кадыров түркмөн оппозициясынын лидерлеринин бири, Борис Шихмурадовго өзбек-түркмөн чегарасынан өтүүгө жардам берген. Шихмурадов баштаган оппозиция түркмөн президентинин өмүрүнө кол салуу аракетин жасаганын биз жакшы билебиз”.

Ушул жылдын 25-ноябрында С. Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракети орун алгандан бери, Түркмөнстанда 50гө жакын адам, алардын ичинде Россия менен Түркиянын 17 жараны жана АКШнын бир жараны камакка алынды. Баш прокурор ошондой эле президентке кол салууга чечен улутундагылар да катышкандыгын билдирген. Түкмөнбашы өзү белгилегендей, анын өмүрүнө жасалган кол салууга байланыштуу тергөө иштери жергиликтүү мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүүдө. Ниязов анын өмүрүнө кол салууну уюштургандар катары түркмөн оппозициясынын лидерлерин күнөөлөп чыккан. Ал эми түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү мындай айыптарды негизсиз деп санап, «президентке кол салуу бийлик тарабынан атайын уюштурулган» деген пикирлерин билдиришүүдө.

Ашгабаддагы Өзбекстандын элчилигине байланыштуу окуядан кийин, Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигине расмий нота жолдоду. Министрлик Өзбекстандын элчисине жана өзбек бийлигине Ашгабат тарабынан коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз деп билдирген. Расмий Ташкент түркмөн тараптын Өзбекстандын дипломатиялык миссиясына карата жасалган бул мамилесин эл аралык укуктун нормалары менен принциптерди, дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясын, ошондой эле эки тараптуу мамлекеттер аралык макулдашууларды одоно түрдө бузуу катары баалады.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги түркмөн тараптан бул окуяга байланыштуу кыска мөөнөттүн ичинде түшүндүрмө берүүнү жана бул жаңжалга алып келген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылууда.

«Өзбек тарап төмөнкүлөрдү билдирип коюуну негиздүү деп эсептейт: Шихмурадов мурда Түркмөнстандын тышкы иштер министри болуп көп жылдар бою иштеп келгендигине байланыштуу, ал Өзбекстанга бир нече ирет келген жана албетте, Өзбекстанда Шихмурадовдун көптөгөн тааныштары жана катышы бар адамдары көп. Өзбек тарап өзбек бийлиги тарабынан Шихмурадовго чек арадан өтүүгө эч кандай жардам жана көмөк көрсөткөн эместигин расмий билдирет», - дейт Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бул туурасында. Ал эми Өзбекстандын опоозициялык маанайдагы «Эрк» партиясынын лидери Атаназар Арипов болсо, тышкы иштер министринин мындай билдирүүсү С. Ниязовго каршы уюштурулган кол салууга Өзбекстандын кандайдыр-бир көмөгү бар деген шек калтырды деген пикирин айтты. «Расмий бийликтин, тактап а
йтканда, тышкы иштер министрлигинин Ашгабаттагы өзбек элчилигине байланыштуу маселе боюнча билдирүүсү «өзбек тараптын президент Сапармурад Ниязовго кол салууга кандайдыр-бир катышы болушу мүмкүн» деген пикирди туудурду. Мен түшүнбөдүм, Борис Шихмурадов мурда тышкы иштер министри болуп иштеп келген мезгилде Өзбекстанга көп ирет келгендигин жана «анын Өзбекстанда көптөгөн тааныштары бар» дегендерди билдирүүдө баса белгилөөнүн зарылдыгы эмнеде эле?», - дейт Өзбекстандын «Эрк» партиясынын лидери.

БЭЙЖИНДЕ КАЗАК-КЫТАЙ ДОСТУГУ БЕКЕМДЕЛДИ.

Дүйшөмбүдө Бэйжинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кытайдын жетекчиси Цзян Цземин эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Назарбаевдин расмий сапары учурунда Казакстан менен Кытайдын ортосунда дагы бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Бэйжинде Казакстан менен Кытайдын жетекчилери терроризмге, сепаратизмге жана диний экстермизмге каршы биргелешип күрөшүү, эки өлкө ортосундагы соода, илимий-техникалык байланыштарды арттыруу, транспорт, финансы чөйрөсүндөгү, ошондой эле космосту изилдөө жаатындагы кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюшту. Андан тышкары эки өлкөнүн коргоо министрлери Казакстан менен Кытайдын ортосундагы аскерий-техникалык алакаларды өрчүтүү жөнүндөгү документти бекитишти. Кытайлык «Шинхуа» маалымат агенттигине берген интервьюсунда Казакстандын Бэйжиндеги элчиси Жанибек Карибжанов: «президент Назарбаевдин визити эки өлкө ортосундагы мамилелердин жаңы доорун ачууда», - деп мүнөздөйт.

Көпчүлүк эксперттер болсо, Н.Назарбаев Кытай коммунисттик партиясынын жаңы төрагасы, келээрки айда Цзянь Цземиньден бийликти өткөрүп алаары күтүлүп жаткан Ху Цзинтао менен таанышуу үчүн барганын айтышат. Москвадагы постсоветтик изилдөөлөр борборунун эксперти Артем Малгин Казакстан үчүн таасирдүү коңшусу – Кытайдын бийлик башына келип жаткан жаңы жетекчилердин тамырын тартып, таанышуу маанилүү иш экенин белгилейт. «Эң башкысы – Казакстандын президенти Кытайлык коммунисттердин жаңы төрагасы Ху Цзинтао менен жолугушат. Ху жакында Кытайдын бийлик тактысын өткөрүп алаарын баары билишет. Ошондуктан казак президентинин сапары – бул эки коңшулаш өлкөнүн жетекчилери ортосундагы таанышуу визити катары бааланышы керек», - дейт Москвалык эксперт Малгин.

Оксфорд университетинин Кытайдын саясаты боюнча адиси Рана Миттер бул визитке Бэйжин да өтө кызыкдар экенине, соңку кездери Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен карым-катнашты жакшыртып, жылуу мамиле күтүүгө умтулуп келатканына көңүл бурат. Кытайдын бул саясаты 1-кезекте коопсуздук кызыкчылыктарынан келип чыккан, - деп эсептейт Британиялык эксперт Миттер. «Кытай жетекчилиги өлкөнүн батыш тарабындагы Шинжан провинциясында ислам кыймылдары активдешип, борбордук бийликке каршы көтөрүлөт деп чочулайт. Андыктан, Бэйжин дал ошол кооптуу аймакка чектеш Кыргызстан, Казакстандын өкмөттөрү менен жакындашууга кызыкдар. Анткени алар чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, өз аймактарында уйгур сепаратизмине каршы күрдөөлдүү күрөшсө, Шинжанда от тутанбайт деп ишенет», - дейт Оксфорд университетинин Кытай боюнча эксперти Рана Миттер.

Айткандай эле, Казакстан менен Кытайдын коргоо министрлери дүйшөмбүдө эки өлкө ортосундагы чек ара көзөмөлүн күчөтүү жана мыйзамсыз курал-жарак соодасы жөнүндөгү маалыматтарды алмашып туруу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Эки өлкө аралык соода-экономикалык байланыштарды өрчүтүү максатында Н. Назарбаевдин Кытайдагы 4 күндүк сапары учурунда Бэйжинде атайын Бизнес-форум өтмөкчү. Казакстандын элчиси Карибжанов ИТАР-ТАСС агенттигине билдиргендей, казак, кытай өкмөттөрү эки өлкөнү бөлүп турган чек арага жакын чөлкөмдө Эркин соода аймагын ачууну пландаштырууда. Казакстан ансыз да КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кытайдын тышкы соодасында экинчи орунду ээлейт. Быйыл ноябрь айына чейинки кытай-казак соода-сатыгы 1 жарым млрд. долларга айланып, былтыркы ушу маалдагы көрсөткүчтөн 40 % га көбөйгөн. Бэйжиндик маалымат каражаттары Кытай өкмөтү Казакстандан күйүүчү май ташыш үчүн мунай куурун куруу долбоорун караштырып жатканын кабарлашат. Алардын айтымында, эгерде Казакстандын мунай запастарынын болжолдуу көлөмдөрү такталып бүтсө, Кытай Каспийден мунай ташыш үчүн узундугу 3000 чакырымдык куурду орнотуу ишине 3 жарым млрд. доллар караштырууга даяр.

ТҮРКМӨНСТАНДА АЛЫСТАГЫ ОППОЗИЦИЯЧЫЛАРДЫН ТУУГАНДАРЫ КАМАЛУУДА

Өткөн айда түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракети жасалгандан бери, бейрасмий булактардын айтымында, Түркмөнстанда 100дөн ашуун адам камакка алынды. Алардын басымдуу бөлүгү оппозициячыл саясатчылардын жакын туугандары. Эл аралык укук коргоо уюмдары чет өлкөлөрдө жашаган түркмөн оппозициячыларынын туугандары куугунтукка кабылганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө.

Таң эртең менен президенттик сарайга жол тартып бараткан Түркмөнстандын президенти С. Ниязовдун машинесин көчөгө чыга калып, автоматтан аткылаган адамдардын аракети түмөн-түрдүү суроолор жараткан караңгы окуя бойдон кала берүүдө. Эмнеси болсо да, эл аралык укук коргоо уюмдары белгилегендей, ал окуяны түркмөн бийлиги оппозициячыл саясатчылар менен алардын жакын туугандарын жазалоо макасатында кеңири пайдаланууда.

Расмий Ашгабат кол салуу аракетине кандайдыр тиешеси бар деген шек алдында 23 киши камалганын айтса, коомдук уюмдар камакка алынгандардын саны 100 адамдан ашканын маалымдашат. Нью-Йоркто жайгашкан «Хюман Райтс Уотч» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Рэйчел Денбер түркмөн бийлиги алыскы чет өлкөлөрдөгү оппозициячыларга колу жетпегендиктен, эми алардын жакын туугандарын куугунтуктоо кампаниясын баштаганын айтат. «Кол салуу аракети болгондон бери көптөгөн адамдар камакка алынды, алардын басымдуу бөлүгү - чет өлкөлөрдө башпааналап жүргөн белгилүү оппозициячылардын жакын туугандары. Президент С. Ниязов өзү «кол салууну ошол оппозициячылар алыста туруп алып уюштурушту», деп күнөөлөгөн. Түркмөн бийлиги ал оппозициячыларды жазалап-куугунтуктоого алы келбей, ачуусун алардын туугандарынан чыгарууда», дейт эл аралык адам укуктарын коргоо уюмунун өкүлү.

Түркмөнбашы өзүнө кол салуу болгонун угаар замат, тизмелеп атап кирген күнөөкөрлөр оппозициячыл саясатчылар Сапармурат Иклымов, Борис Шихмурадов, Кудайберди Оразов жана Нурмухамед Ханамов мойнуна тагылган айыптардын баарын четке кагып, окуяны түркмөн бийлиги өзүнө жагымсыз саясатчыларды жазалаш үчүн атайы уюштурган деген жоромолун айтышкан.

Лондондук «Амнести Интернешнл» уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Анна Сундер-Плассманн түркмөн оппозициячыларынын күнөөсү далилдене электе эле, алгачкы күндөн тарта алардын тууган-туушкандары кысмакка алына баштаганын айтат. «Биздин маалыматтар боюнча, президент С. Ниязов кол салуунун башкы уюштуруучусу катары атаган Түркмөнстандын айыл-чарба министринин мурдагы орун басары Сапармурат Иклымовдун 30га жакын тууганы камалды. 25-ноябрдагы кол салуу аракетинен кийин өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Б. Шихмурадовдун бир тууган иниси да абакка отургузулду», дейт Лондондук изилдөөчү.

1997-жылдан бери Швецияда жашап жаткан С. Иклымовго Стокгольм саясий качкын статусун ыйгарган. Анын аталаш агасы, «Азаттык» радиосунун Москвадагы кабарчысы Ораз Иклымов Ашгабатта анын эки уулу камакка алынганын кабарлады. «25-ноябрда, президент С.Ниязовго кол салуу аракети жасалган күнү, менин эки уулум, 31 жаштагы бизнесмен Эсенаман жана 21 жашар Москва университетинин студенти Аилини Түркмөнстандын коопсуздук органдары камакка алышкан. Студент уулум Ашгабатка бир апталык каникулга барган эле. Ишеничтүү булактардан алынган маалымат боюнча, менин балдарымды КГБнын кызматкерлери тергөө учурунда уруп-сабашкан», дейт «Азаттыктын» Москвадагы кабарчысы Ораз Иклымов. Ал ден-соолугу ансыз да начар улуу баласынын акыбалынан катуу санааркап атканын, эки уулунун ал-абалы туурасында тийиштүү маалымат ала албай-кыйналганын айтат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстандан дегеле маалымат алуу өтө татаал экенин, андыктан чет өлкөлөрдө жашаган оппозициячылар өз туугандарынын тагдыры, камалгандардын саламаттыгы туурасын беймаалым, терең санааркап жашоого аргасыз экенине кабатырланууда. Европа Биримдиги Ашгабатка атайын кайрылуу жөнөтүп, оппозициячылардын туугандарын куугунтуктоону токтотууга үндөдү. Кошмо Штаттар Ашгабатта кармалган АКШ жаранынын ишин эл аралык укуктук нормаларга ылайык караштырууну талап кылды. Ашгабаттын айтымында, президент С. Ниязовдун өмүрүнө кол салууга катышы бар деп кармалгандардын көбү – чет мамлекеттердин жарандары.

ИСЛАМ КАРИМОВ: «ОРТОАЗИЯДАГЫ АСКЕРИЙ ЖАРЫШ – ЖАРАБАГАН ИШ»

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов «Коллективдүү Коопсуздук Келишиминин күчтөрү» деген негизде Кыргызстанда жайгаштырылып жаткан орус аскер контингентине байланыштуу өз пикирин билдирди. И. Каримовдун көз карашы боюнча, региондо ири державалардын аскерий жарыш уюштурганы тетири натыйжа бериши мүмкүн. Ал ошондой эле аймактагы айрым президенттер Москвага өзүн өзгөлөрдөн жакын кылып көрсөткөнгө умтулуп жатканын да белгиледи.

Ташкендеги пресс-конференцияда президент Ислам Каримов мындан үч жыл мурдагы жагдайды эске салды. «1999-жылы августта ислам террористтери регионго жортуулдап кирип, кырдаал кыйчалыштап турган кезде орусиялык жетекчиликке атайын кайрылып, биргелешкен аскерий иш-аракеттерди көрүүнү сунуш кылган элем», деп айтты ал. «Бирок Москва не анда, не кийин эч кандай колдоо көрсөткүсү келген эмес. Ал кезде Ооганстанда ислам экстремисттеринин 40 миңдей лашкери Тажикстанга жапырык жасап, жайпап киргенге даяр турган. Андан бери Өзбекстанга алар жарым саатта жетмек», деп ырастады И. Каримов. Регион көзү чачырап турганда келбеген орус аскерлери эми Кыргызстанга жайгаштырылып жатканы өзбек президентине бир топ таң калыштуу көрүнөт. «Эгер мунун баары ийгиликтин эрте кечи жок дегендей тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо максатында, күтүүсүз жортуулдарды алдын-алуу ниетинде жасалып жатса, анда эч кандай маселе жок, муну кубаттагандан башка биз эчтеме дей албайбыз», деп билдирди Каримов. «А жок, мунун баары жарышуу үчүн, Борбордук Азияда ким үстөмдүк кыла алат, кимдин аскери артыкча болот дегендей маанидеги иш болсо, анда мен мындай мелдеш таптакыр үзүрсүз болорун айткым келет».

И. Каримовдун баасында, региондогу кырдаал соңку бир жылда кыйла жакшырды. Ушундан пайдаланып айрым бирөөлөр жүйөөсүз аскерий демонстрацияларды өткөргөнгө киришти, ал эми региондогу кай бир президенттер болсо өзүн өзгөлөргө караганда Орусияга өтө жакын кылып көрсөткөнгө умтула баштады, деп айтты өзбек лидери. «Жагдай жакшырып, стабилдешип бараткан кезде Коллективдүү Коопсуздук Келишими үстөккө-босток жыйындарды, коопсуздук катчыларынын жолугушуусу өңдөнгөн чогулуштарды өткөрүп, түштүк Ооганстанда дале болсо талибдердин талкаланбай калган отряддары бар, алар капыстан Кабулду камалап, Орто Азиялык өлкөлөргө жоруутулдап кириши мүмкүн, ошону үчүн ага азыр даяр турушубуз керек дегендей кептерди айтып жатышат», деп белгиледи И. Каримов.

Өзбек президентинин ишениминде, региондогу бардык чет элдик аскер контингенттери Ооганстандагы жагдай жакшырганга чейин калышы керек. Андан соң И. Каримов «аларды бул аймакта кармап туруунун зарылдыгы жок. Дегинкисинде, эгер Ооганстанда тынчтык орносо, регионду толук беймилитаризациялоо зарыл деп эсептейм. Мен позициям ушундай», деди И. Каримов. Анын пикиринде, эгер түштүк тараптан туула турган коркунуч биротоло жоюлса, коргонуу максатында гана жайгаштырылган азыркы аскер контингенттери бул жерде калышы керек эмес. «Коргоно турган коркунуч болбосо аларды бу жерде кармап туруунун кандай кажети калмак эле», деп айтты И. Каримов.

ТҮРКМӨНБАШЫНЫН ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛУУ.

Нарын АЙЫП, Прага Өткөн аптада Түркмөн президентинин өмүрүнө кол салуу болгондон кийин, өлкөдө көптөгөн адам кармалды. Бийлик болсо: аны - оппозиция тарапка өтүп, азыр чет өлкөлөрдө жашаган мурдагы жетекчилер уюштурган, - деп айтууда жана анын артында чет өлкөлүк да саясатчылар турат.

Расми маалыматтар боюнча, Түркмөнстанда 23 адам кармалды, кээ бир орус маалымат каражаттары: алардын саны жүздөп саналат, - деп жазууда. Президент Сапармурад Ниязов: ага каршы аракетти - Орусияда жашаган түркмөн оппозициялык саясатчылары уюштурган, - деп, аларды Түркмөнстанга өткөрүп берүүнү суранды. Президенттин басма сөз катчысы Сердар Дурдыевдин айтымында, алар - мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов, Борбордук банктын мурдагы төрагасы Худойберды Оразов, Түркмөнстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Нурмухамед Ханамов жана айыл чарба министринин мурдагы орун басары Сапар Ыклымов. Шихмурадов, Оразов жана Ханамов азыр Орусияда, Ыклымов болсо Швецияда жашайт.


Өлкөнүн башкы прокурору Гурбанбүбү Атажанова 3-декабр күнү сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, кол cалууну уюштурууга бир нече чет өлкөлүк жаран катышкан, алардын арасында армяндар, орустар, түрктөр жана чечендер болгон,- деп билдирди. Прокурордун айтымында, алардын ар бирине 25 миң доллар төлөнгөн. Мурда президент Ниязов өзү: кол cалгандарга сегиз миң доллардан төлөнгөн, - деп айткан.


Ошол эле 3-декабр күнү Түркмөнстандын мамлекеттик сыналгысы - күнөөнү мойнуна алган бизнесмен Гуванч Жумаевди көрсөттү. Жумаевдин айтмыныда, ал бузукулардын торуна түшүп алданган, бирок эми тобо кылууда жана аны менен кошо кармалган туугандарын бошотууну суранат, өзү болсо, кандай болбосун жаза тартууга даяр.


Башкы прокурордун айтымында, кол салуу аракетин дал ушу Жумаев жетектеген, ал - көптөгөн адамдарды чет өлкөлөрдөн чакырып, өзүнө жана Ыклымовго таандык фирмаларга иштеткен. Кол салуу учурунда, бийликтин айтымында, 25-ноябр күнү Ниязов жумушка баратканда, "КамАЗ" машинеси жолду тороп, президенттин машинесин башкалардан бөлүп салган жана башка эки жеңил машинеден президентке карай ок атылган. Бирок эч ким курман болбой, бир гана адам "КамАЗдын" алдында калып жарат алган. Анткен менен, окуя болгон жерде эч ким кармалган эмес, камактар кийин башталган.


Ниязов президенттик сарайына жетээр менен: ал "КамАЗ" машинеси Ыклымовдуку болчу, - деп, кол салууну оппозиция уюштурганы жөнүндө жарыялады. 3-декабр күнү болсо, Түркмөнбашы - кол салууну уюштурууга бир нече чет мамлеккеттин өкмөттөрү катышкан, - деп өкмөттүк жыйында билдирди: "Маселе - өлкөнүн ичинде жаралган. Алар аны акыркы бир-бир жарым айда даярдаган. Орусиядан, Түркиядан адамдар алып келинген, силер болсо, министирлер, эмне болуп жатканы жөнүндө ойлоп да койгон эмессиңер. Мен силерге айтып жатам: мунун артында - бир нече өкмөттүн кызыкчылыктары жатат!"


3-декабр күнү - кармалгандардын арасында америкалык жаран, мурда Орусияда журналист катары белгилүү болгон Леонид Комаровский бар экендиги билинди. Түркмөн жетекчилеринин айтымында, ал - кол салуу болгон 25-ноябрдын эртеси кармалган. АКШда жашаган Комаровскийдин жубайы Галинанын айтымында, Жумаев менен Леониддин орток бизнеси бар болчу жана дал ошол себептен ал Түркмөнстанга барып, Жумаевдин үйүндө жашаган. Кармалгандардын арасында - мурдагы элчи, Ташауз вилайетинин мурдагы акими Язгелди Гундогдыев да бар.


Бирок кээ бир орус гезиттеринин жана түркмөн оппозициясынын айтымында, бул окуя - оппозицияга каршы аракеттерди күчөтүүгө шылтоо табуу максатында бийлик тарабынан атайын уюштурулганы да мүмкүн. Мындан эки жыл мурда Кыргызстанда дагы оппозициялык саясатчы Топчубек Тургуналиев: президенттин өмүрүнө кол салууну уюштурууга катышкан, - деп, 16 жылга эркинен ажыратылган, бирок кийин коомчулуктун талабы менен бошотулду.

КЫРГЫЗСТАНДА АКШнын ЖАРДАМЫ МЕНЕН КАЛАЙ ЗАВОДУ КУРУЛУШУ МҮМКҮН.

Сапар Орозбаков, Бишкек Вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин берген маалыматына караганда, жакында АКШдан делегация келип, Кыргызстанда калай заводун куруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин маалыматына караганда, жакында АКШдан делегация келип, Кыргызстанда калай заводун куруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Оторбаев бул долбоор канчалык денгээлде реалдуу экенин так айткан жок. Бирок ал ишке ашып калса, завод Кыргызстанда эң чоң ишкана болуп, анын экономикасына зор салым кошоорун белгиледи. Мисалы, «Кумтөр» алтын комбинатын куруу үчүн 400 млн. доллар кеткени белгилүү. Ал эми калай заводун куруу үчүн 2 млрд доллар талап кылынат экен.

Америкалалыктар Кыргызстанда калай заводун курат экен деген маалымат алгач АКШнын финансы министри Джон О Нил июль айында Кыргызстанга келгенде пайда болгон. Бирок анда ал жөнүндө кеңири сөз айтылган эмес.

Биздин иликктөөлөргө караганда, Кыргызстанда калай чыгарууда колдонула турган 90 млн. тонна боксит жана нефелин сиенит кенинин запасы бар. Кендердин көпчүлүгү өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан. Кендердин ичинде эң келечектүү деп эсептелген «Сандык» боксит кени Жумгал районунда. Геология боюнча агенствонун маалыматына караганда, анда болгону 4 млн. тонна руда бар. Агентство Кыргызстанда жайгашкан кендерди өздөштүрүү өтө кыйын деп эсептейт. Анткени бүткүл дүйнөлүк практикада кендин составында калай оксиди 40-60 % дан кем эмес болгондо гана өздөштүрүүгө жарактуу деп табылып, иштетиле баштайт. Ал эми кремний болсо, 2-7 % дан ашпаш керек. Кыргызстандагы кендердин бири дагы бул талаптарга жооп бербейт. Кыргызстандын боксит жана нефелин сиенит кендерин өздөштүрүүгө Орусиянын «Русский алюминий» корпорациясы да кызыгып, Бишкекке келип кеткен. Орусиялыктар Камбар-Ата кенин ишке киргизип, калай заводун куруу мүмкүнчүлүгүн караштырган. Баардыгын изилдеп көрүп, Кыргызстандагы калай заводун куруу пайдасыз деген жыйынтыкка келген деген маалымат бар. Бирок Жоомарт Оторбаев калай өндүрүшү үчүн чийки затка караганда электр энергиясы маанилүү экенин, ошондуктан чийки затты алыстан ташып келип деле заводду иштетсе боло тургандыгын белгиледи.

Жакында Орусиянын Ишкерлик боюнча акедемиясынын Вице-президенти Евгений Борисенко Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге кат жазып, анда Кыргызстанда калай заводун курса болорун, ан үчүн биринчи кезекте бизнес-план даярдоо керектигин, эгерде Кыргыз өкмөтү 700-750 миң доллар төлөп берсе , Академия ал жумушту өз мойнуна алаарын жана инвестор табууга да жардамдашарын айткан.

Бул маселени иликтей келгенде кептин баары инвестицияга барып такала тургандыгы анык болду. Жогоруда заводду куруу үчүн 2 млрд. доллар керек экени айтылды. Бул эң аз дегенде. Мисалы « Кен-Тоо» бизнес-план даярдоочу фирманын маалыматы боюнча ага 11 млрд. доллар керек. Ал өтө эле жанылышып, завод курууга 2 млрд. доллар керек болгон күндө да, анча акчаны саясий стабилдүүлүгү олку-солку, кен байлыкка жарды Кыргызстанга бирөө чечкиндүү инвестиция кылышы күмөн. Ошондуктан геология боюнча агентство жана финансы министлиги «Борисенко адегенде инвестор тапсын, эгерде ал инвестор таба алса, бизнес–планды ага жасатууга убада берели» деген позицияда. Ал эми америкалык делегация тууралуу болсо так кесе айтуу азырынча эрте.

ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖАЗА ӨТӨӨ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ АБАЛ БУУнун ӨКҮЛДӨРҮ ТАРАБЫНАН ТЕКШЕРИЛЕТ.

Азиза Турдуева, Прага Өзбекстандагы жаза өтөө жайларындагы абал менен таанышууга Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Кыйноолорго каршы комитеттин өкүлү Тое Ван Бовен дүйшөмбүдө Ташкентке келди. Анын бул иш сапары Өзбекстанда кыйноолор жөнүндөгү маалыматтар соңку мезгилде көбөйүп кеткендигине байланыштуу болду.

24-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Өзбекстанга өлкөнүн жаза өтөөчү мекемелериндеги ырайымсыз кыйноолор менен адамдардын өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн келди. Ушул эле күнү ал Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Кодир Юсуповдун маалыматында, жолугушууда демократия жана адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө пикир алмашуулар болду. Ошону менен бирге, БУУнун Кыйноолорго каршы комитети күч колдонуу органдары тарабынан болгон кыйноолор жөнүндөгү маалыматтар акыркы күндөрү көбөйүп бараткандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Өзбекстан Кыйноолорго каршы эл аралык Конвенцияга 1995-жылы кошулган. Бирок, Конвенциянын «кыйноо фактыларын аныктоо максатында эл аралык тергөөчүлөр өлкөдө иликтөө жүргүзө алат» деген бөлүгүнө өлкө кол койгон эмес. Ошондуктан, жагдайды изилдөө үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы комитетинин өкүлдөрү алгач өзбек өкмөтүнүн малыматына таянышат.

Келерки эки аптада Ван Бовен Өзбекстандагы түрмөлөрдү кыдырып, расмий бийлик өкүлдөрү, укук коргоочулар жана жаза өтөө жайларында жабыркаган адамдар менен жолугушат.

Көпчүлүк укук коргоочулардын пикири боюнча, өлкөдөгү пенитенциардык система ички иштер министрлигинин карамагынан юстиция министрлигине өткөрүлүп берилиши зарыл. «Абактык системаны ички иштер министрлигинин карамагынан юстиция министрлигине өткөрүү - өтө маанилүү маселе. Эгерде бул маселе чечиле турган болсо, менин оюмча, Өзбекстан түрмөлөрүндөгү камактагылардын абалы жакшырып, кыйноолор, уруп-токмоктоолор эки эсеге азаят эле. Азыр болсо жагдай оор. Милиция органдары коопсуздук органдарынан да, юстиция министрлигинен да өзүнүн ырайымсыз мамилеси менен айырмаланат. Бул менин да башыман өткөн. Ур-токмокчул милициядан да далай жапа чектим», - дейт Өзбекстандын Көз карандысыз укук коргоо уюмунун башчысы Михаил Ардзинов.

Көз карандысыз укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда Өзбекстандын жаза өтөө жайларында 62 миң адам кармалууда. Алардын ичинен 6500гө жакын адам саясий жана диний көз караштары боюнча камалган. Диний көз караштары үчүн жазага тартылгандардын 4200ү –«Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү, ал эми 1300 адам - ваххаббийлер катары айыпталгандар. 2000-жылы Өзбекстандын түрмөлөрүндө отурган адамдардын саны 80 миң адамды түзгөн.

Өзбекстандагы укук коргоо уюмдарынын маалыматтарына караганда, өлкөдөгү түрмөлөрдө кыйноолордун катаал ыкмалары колдонулат. Маселен, жакында эле, жаза өтөө жайларынын биринде Изатулло Момунов аттуу адам муунтуп өлтүрөлгөн. Ал эми, убактылуу абакта отурган Искандер Кудайбергеновдун эжеси Дилбар Кудайбергенованын айтымында болсо, анын иниси электр тогу менен кыйналган. Анын сот иши башталаар алдында ага дайыма күчтөп ийне сайышчу. Натыйжада Искендер Кудайбергенов сот залына жакшы укпай, өзүн эс-мас сезип келип жатты. Мындан бир нече апта мурда негизинен «Хизбут-Тахрир» диний уюмуна мүчө деген доо менен жазалангандар отурган Каракалпакстандагы «Жашлык» түрмөсүнөн Ташкенттин чет жакасында жайгашкан «Жанги Ота» абагына 100 адам которулду. Бул которуу «Жашлык» түрмөсүндөгү кыйноолорго байланыштуу арыздардын көбөйүп кетишинен улам болду.

Өлкөдөгү укук коргоочулар Өзбекстанга келген Улуттар Уюмунун өкүлүнө түрмөлөрдөгү кыйноолор жөнүндөгү абалды ачык-айкын айтууну көздөшүүдө. Укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнүн Өзбекстанга келип түрмөлөрдөгү жагдайлар менен таанышуусу өлкөдөгү жаза өтөө жайларындагы эркинен ажыратылган адамдарга карата кыйноо ыкмаларын колдонууну кандайдыр бир деңгээлде азайтат го деп үмүттөнүшүүдө.
XS
SM
MD
LG