Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 12:39

Борбор Азия

КАЗАКСТАНДА МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛАШ ЖАРАТУУДА

Жыргалбек Касаболотов, Прага Жакында Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы болгон Мажилис “Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзамдын долбоорун кабыл алып, парламенттин Сенатына жиберди. Айрым адистердин көз карашында, эгерде бул мыйзам кабыл алынса, ал журналисттердин ишин көп жагынан чектейт. Казакстандагы айрым көз карандысыз массалык маалымат каражаттары бул мыйзамдын кабыл алынышы өлкөдөгү окуяларды сын көз менен чагылдырууга бөгөт болоорун жазышууда.

Казакстандын Мажилиси кабыл алган бул мыйзам долбоорун өлкөнүн Сенаты кийинки айда карай башташы мүмкүн. Ал эмитен эле жергиликтүү көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын сын көз карашына туш болду. Анткени бул мыйзам долбооруна ылайык журналисттердин ишине көзөмөл кылууга, атуулдун, мамлекеттин же башка органдардын беделине шек келтирген учурда массалык маалымат каражатын жаап салууга жол берилет. Мындан тышкары, массалык маалымат каражатын каттоонун жол-жобосу да татаалдашат. Журналисттер чындыкка туура келбеген маалымат үчүн жоопкерчиликте болот. Мыйзам долбоорунда, мындан тышкары, Казакстандагы массалык маалымат каражаттары чет элдиктердин менчигинде болушуна чек коюлат.

Казакстандын Журналисттер ассоциациясынын төрагасы Сейитказы Матаев бул мыйзам долбоорунда журналисттердин укуктары чектелип калганын айтты.

- Бул мыйзамда Маалымат министрлигинин укуктары кеңейип, ал эми журналисттердин укуктары далдаада калганын айтса болот, - деди Сейитказы Матаев.

Ал эми “Чегарасыз репортерлер” аттуу эл аралык уюм жана Гезиттердин дүйнөлүк ассоциациясы бул мыйзам долбоорун сынга алып, өткөн айда президент Н.Назарбаевге кат жолдошту. Катта мындай мыйзамдын кабыл алынышы Казакстандагы сөз эркиндигине катуу сокку ура тургандыгы айтылат. Дагы бир кызык жери – Мажилис бул мыйзам долбоорун Сенатка өткөрүп берээрде ага айрым алымча-кошумчалар киргизилген, бирок алар ачык айтылган жок. Казакстандын тарыхы боюнча бир канча китептердин автору жана журналист Файзулла Оразай ушул жагдайды кызык деп эсептейт.

- Депутаттар бул мыйзам долбоорун өтө эле бат иштеп чыгып, кабыл алышты. Балким эки жылдан кийин дагы жаңы мыйзам кабыл алуу керек болобу, ким билет? Бул маселеде шашылыштын кереги жок. Менин пикиримде, адегенде алар эски мыйзамды жакшылап изилдеп чыгып, анан өтө зарыл болсо гана ошого түзөтүүлөрдү киргизишсе туура болмок. Анан бул мыйзамды мынча тез кабыл алуунун кандай зарылчылыгы бар эле, билбейм, - дейт Файзулла Оразай.

Бирок Казакстанда бул мыйзам долбоорун жактагандар да бар. Алардын бири – парламенттин депутаты Эрасыл Абылкасымов. Ал Казакстандагы массалык маалымат каражаттары чет элдиктерге таандык болушун каалабай турганын билдирди. Мажилисте бул мыйзам долбоору кабыл алынган күнү 25-декабрда Абылкасымов да чыгып сүйлөдү. Ал Казакстандагы айрым оппозициялык гезиттер өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жаткан чет элдиктерге таандык экенин айтып өттү.

- Ал тургай парламентте дагы “Экономика-финансы-рынки”, “Ассанди-таймс”, “Караван” гезиттери, “Акжол” партиясынын жана Коммунисттик партиянын гезиттери ээн-эркин таратылып атат. Бул гезиттер биздин өлкөнүн жетишкендиктерин кыйла бурмалап жазышат. Мен бул жерде батышчыл гана эмес, орусиячыл массалык маалымат каражаттарынын да кийлигишүүсүнө каршымын. Алардын артында Москва, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганында шек жок, - деди депутат Абылкасымов.

Бир чети анын айтканын да түшүнсө болот. Чындыгында эле Казакстанда орусиялык телерадиокомпаниялар менен гезиттердин таасири күч. Ошондон уламбы, айтор “бул мыйзамдын кабыл алынышы мамлекеттик статус алган казак тилинин ролун бекемдөөгө жардам берет” деп ишенгендер да бар. Анткени Казакстандын калкынын кыйла бөлүгү казак тилинде эмес, орус тилинде сүйлөйт. Казакстандын маалымат мейкиндигиндеги мамлекеттик кызыкчылыгы да, журналисттердин укуктары да кийин көп жагынан ушул мыйзамдын кабыл алынышына жараша болчудай.

ТАЖИКСТАНДЫН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ АЙРЫМ ЭРКИН ГЕЗИТТЕРДИ ЖАБУУ АРАКЕТИНДЕ

Жыргалбек Касаболотов, Прага Тажикстанда сөз эркиндиги бар экендиги ушу тапта күмөн туудура баштады. Анткени бул өлкөдө жумасына бир чыга турган эки эркин гезит жабылып калышы мүмкүн болуп турат. Бул басылмалардын журналисттеринин айтымында, өкмөт бул гезиттерди жабууга аракет кылууда жана буга өкмөткө сын айткан макалалар башкы себеп болуп жатат.

2003-жылы тыюу салынганга чейин “Рузи нав” (кыргызча “Жаңы күн”) жана “Нерои сухан” (кыргызча “Сөздүн күчү”) аттуу бул эки жумалык өтө популярдуу болчу. Айрым байкоочулардын пикиринде, буга сөз болуп жаткан гезиттер тыюу салынган темаларга тиш салганы башкы себеп болгон. Тажикстандын шартында өкмөттөгү коррупция жана улут аралык мамилелердин көмүскө жактары да ошондой темалардын катарына кирет.

Мамлекеттик “Шарки озод” аттуу басмакана ноябрда “Рузи нав” гезитин басуудан баш тартып, аны гезиттин контракты аяктап калганы менен түшүндүргөн. Гезиттин башкы редактору Ражаб Мирзо муну негизсиз деп четке каккан.

Декабрда болсо салык инспекциясынын кызматкерлери “Нерои сухан” гезитинин жыл аягындагы тиражын сатууга тыюу салышкан. Буга жумалык басылма инструкцияларга баш ийбегени, башкача айтканда басма үйүнүн аталышын жана тиражын көрсөтпөгөнү негиз болгон. “Нерои сухандын” редактору Мухтар Бокизода болсо андай маалымат жумалыкты басканы үчүн куугунтуктан чочулаган басмакананын талабы боюнча жазылбаганын айтты.

- Эркин типографиялар эркин гезиттерди басуудан баш тартышат. Анткени, алардын кызматкерлеринин айтымында, өкмөт басмаканаларга тымызын ушундай талап коет экен. Андыктан биз окурманга окуялардын чоо-жайын жеткириш үчүн гезитибизди мыйзамсыз жол менен чыгарууга аргасыз болуп атабыз. Биз кайрылган эркин типография “биз силердин гезитти басып чыгарабыз, бирок кайдан чыгарылганын силер көрсөтпөгүлө” деп шарт койду. Ошол себептүү салык полициясы биздин басылманын сатылышына тыюу салды, - деди Бокизода.

Мирзонун да, Бокизоданын да айтымында, өкмөттүн мындай эби жок аракеттери президент Рахмоновдун администрациясына карата жазылган сын материалдарга берилген жооп болуп эсептелет. “Рузи нав” гезитинин жамааты декабрдын башында президент Рахмоновго кайрылып, мындай чектөөлөрдү алып салууну өтүнгөн. “Биз гезитти басууну токтото турууну чечтик, анткени “Шарки озод” басмаканасы аны басууга макул болгон күндө да биз мындай чектөөлөрдүн артында ким турганын так билбейбиз” деп айтылат бул гезиттин кайрылуусунда.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы жана Маданият министрлиги бул эки басылмага акыркы убакта эки сыйра эскертүү жиберип, президент Рахмоновдун жана башка мамлекеттик жетекчилердин арнамысына жана абийирине шек келтирген материалдар мындан ары да басыла бере турган болсо, алар жабылып калышы мүмкүн экенин кабарлашкан.

Ал арада Тажикстандын Киреше министрлиги “Оила” жана “Тажикстан” аттуу эки басылманын финансылык абалын текшере башташты. Бул тууралуу кабар массалык маалымат каражаттарынын таламын талашкан уюмдарды аракетке келтирди. 6-январда жарык көргөн билдирүүсүндө Тажикстандын Эркин массалык маалымат каражаттарынын улуттук ассоциациясы “Рузи нав” жана “Нерои сухан” гезиттеринин тегерегиндеги жагдай атайын аракеттерди талап кылаарын жарыялады. Ассоциация басма сөздөгү талаш маселелерди сотко жеткирбей чечиш үчүн Басма сөз кеңешин түзүүнү сунуш кылды. Ассоциациянын көз карашында, мындай кеңешке журналисттер, редакторлор жана адвокаттар кирүүгө тийиш. Азырынча бул маселе талкуу жаратууда.

Жалпысынан 2003-жылы ушул ассоциациянын байкоочулары массалык маалымат каражаттарынын укуктарын Тажикстандын бийлик өкүлдөрү бузган фактылардын 100гө жакынын катташкан. Анын ичинен 70 факты акыркы 4 айда катталган. Уюмдун кайрылуусунда айтылгандарга караганда, мындай фактылар алда канча көп болушу мүмкүн. Кызык жери, ошол эле 2003-жылдын жыйынтыгы боюнча “Чегарасыз репортерлор” аттуу эл аралык уюм Тажикстанды сөз эркиндиги жагынан Борбор Азиядагы алдыңкы орунга чыгарды. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу чыгарылган жыйынтыкпы же чын эле иш жүзүндө ошондойбу, айтыш кыйын. Ал жогоруда айтылган проблемалардын чечилишине да көп жагынан көз каранды.

ТАЖИК ИСЛАМДЫК КАЙРА ЖАРАЛУУ ПАРТИЯСЫ СОТ ӨКҮМҮНӨ НААРАЗЫ

Тажикстан Исламдык кайра жаралуу партиясы шаршемби күнү кечинде билдирүү жарыялап, Жогорку соттун дүйшөмбү күнкү өкүмүн сынга алды. Жогорку сот аталган исламчыл партиянын төрт мүчөсүн ар кыл мөөнөткө абакка кескен болчу.

Тажикстан Исламдык кайра жаралуу партиясы январдын 14үндө атайын билдирүү кабыл алды. Анда январдын 12синде Жогорку сот чыгарган өкүм атуулдук согушту токтотууга мүмкүн кылган 1997-жылкы тынчтык келишиминин рухуна каршы деп айтылат. Партиянын жетекчиси Сайид Абдулла Нуринин оюнча, сот өкүмү исламдык партиянын кадыр-баркын кетирүүгө багытталган:

- Өкүм парламенттик шайлоо жакындап калган чакта Исламдык кайра жаралуу партиясынын беделин түшүрүүгө багытталган. Жакында Тажик өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү ушул сыяктуу башка чараларды да жүзөгө ашырганына күбө болгонбуз. Алар Тажикстандагы туруктуулукка доо кетирет. Мен мындай деп айтаар элем, мындай иш-аракеттер Тажикстандагы тынчтык жараянын, тажик улутунун ынтымагын жана адамдардын бири-бирине ишенимин жокко чыгарышы мүмкүн.

Сайид Абдулла Нури президент Имамали Рахмановду бул кырдаалга кийлигишүүгө чакырды.

Тажикстан Жогорку соту дүйшөмбүдө исламчыл партиянын төрагасынын орун басары Шамсуддин Шамсуддиновду кылмыштуу топ түзгөн, чек араны бузган жана көп аял алган деген доолор боюнча айыптуу деп таап, он алты жылдык абакка кескен. Партиянын башка үч мүчөсү да 16 жылдан 25 жылга чейинки ар кыл мөөнөткө абакка кесилди.

Партиянын билдирүүсүндө бул айыптоолордун баары тең негизсиз жана сот өкүмү адам укуктарын одоно бузуу болуп саналат деп айтылат.

Азырынча расмий Дүйшөмбү жана өлкөнүн Жогорку соту Исламдык кайра жаралуу партиясынын соңку билдирүүсүнө карата өз жообун айта элек.

ӨЗБЕК ЖҮРГҮНЧҮ УЧАГЫНЫН КЫЙРАШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ

Кечээ, январдын 13үндө, Ташкен шаарынын жанында бир жүргүнчү учак кыйроого учурап, андагы 37 киши бүт набыт болду. Өмүрүнөн айрылган жүргүнчүлөрдүн арасында чет өлкөлүктөр да бар. Алардын бири – БУУнун Өзбекстандагы өкүлү Ричард Конрой экени тастыкталды. Расмий бийликтер “Өзбекстан аба жолдоруна” таандык Як-Кырк учагынын кыйрашынын себептерин иликтей баштады.

“Өзбекстан аба жолдору” компаниясына таандык Як-Кырк (Як-40) учагы түштүктөгү Термез шаарынан чыгып, Өзбекстандын байтактысындагы аба майданына дээрлик жетип калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19дан 27 мүнөт өткөндө кыйроого учурады. Анын кыйрашынын башкы себептеринин бири – көзгө сайса көрүнгүстөй болгон коюу туман экени жоромол кылынууда.

Өзбекстандын расмий бийликтеринин маалымдашынча, учактагы 32 жүргүнчү жана беш кишиден турган экипаж толук набыт болду. Өмүрүнөн ажыраган бери дегенде төрт чет өлкөлүктүн ичинде Бириккен Улуттардын Өнүгүү программасынын Ташкендеги өкүлү, британдык атуул, 56 жашар Ричард Конрой (Richard Conroy) жана баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан “Дүйнөлүк көңүл буруу” (World Concern) аттуу уюмдун Ташкендеги бөлүмүнүн башчысы Ричард Пеннер (Richard Penner) бар экенин өлкөнүн расмий бийлиги тастыктады.

Кырсык болгон жерге кечээ кечинде президент Ислам Каримов өзү да барып, окуяны иликтөө иштеринин алгачкы натыйжалары менен таанышты.

Бүгүн Өзбекстандын чукул кырдаалдар министрлигинин өкүлү Эргеш Икрамов окуя болгон жерге келген кабарчыларга мындай деп билдирди:

- Өзбекстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка коопсуздук мекемелеринин, анын ичинде Ташкен шаарынын атуулдук коргонуу мекемесинин сактап калуучу кызматкерлери учактын кыйроого учурашына байланыштуу шашылыш чараларды алып барууда.

Учак 1154-рейстин жүргүнчүлөрүн Термез шаарынан Ташкенге алып келе жаткан. Алардын арасында ажылыкка барууга беленденген өзбек атуулдары бар болчу деген азырынча такталбаган жоромол да айтылды.

Файзабад махалласынан көп алыс эмес жайда кыйраган учактын багы жарылып кетип, өрттүн айынан эч кимди аман сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Окуяга күбө болгон бир айым “Азаттыкка” мындай деп билдирди:

- Учак жерге конуу үчүн ылдыйлап жатканда, 20 метрдей бийиктикте анын бир канаты жалынга чулганган экен. Анан учак сууга кулап, канаты болсо – учак тилкесине түшүптүр. Анан учак жарылып, эки жолу “дүңк” деген добуш угулду. Анан учак алоо өрткө чулганды да калды.

Ал эми “Азаттыктын” Өзбек кызматынын кабарчысы Шайбан окуя болгон жерде алтүндө (шаршемби таңга чейин) болду. Анын айтымында, маркумдардын сөөктөрүн учактын сыныктарынын арасынан издөө жумуштары түн ичинде да токтогон жок:

- Кишилердин, жолоочулардын баары тең күйүп, таанылгыстай болгонун көрдүк. Алардын денелерин алып чыкканда, жасатка карап жынысын аныктоо да кыйынга тураарына күбө болдук. Алардын сөөгү ушунчалык даражага чейин күйүп кеткен экен.

Өлкөнүн баш прокурору Рашитжан Кадыровдун шаршембидеги маалыматына караганда, учак коюу тумандын шартында эки жолу конуу аракетин жасаган экен:

- Учак аба майданынын учуу тилкесине жетпей калды. Тилкеге конооруна эки метр калганда, учак аба майданынын аймагындагы бетон тосмого тийген, андан соң Карасуу каналына кулап түшкөн.

Башпрокурор Кадыров, учакка террордук чабуул жасалганына ишаара кылчу эч кандай далил табылбагандыгын белгилөө менен катар, мындай ыктымал да тергөө маалында кылдат иликтене турганын айтты.

Дегиңкиси, тээ 1966-жылдан бери мурдагы Советтер Бирдигинде кызмат кылган Яковлев-Кырк учагы коопсуздук жагынан мыкты деп бааланган учак болчу. Адатта, мындай учактар жакынкы аралыктагы ички рейстерди жүзөгө ашырат. Жаңы доордогу экономикалык кыйынчылыктардан улам, көптөгөн пост-советтик өлкөлөрдүн аба жолдору компаниялары эскилиги жеткен учактарды дагы эле пайдаланып келүүдө.

Айрым адистердин оюнча, Борбор Азия аймагындагы өзгөчө катаал авторитардык режимдердин биринен болгон Өзбекстан да бул жаатта – учактардын техникалык мүнөздөмөсү жаатында – эски учактардан баш тарткысы келбеген айрым коңшуларынан алыс кетпеген сыяктанат.

ТАЖИКСТАНДЫН ИСФАРА ШААРЫНДА БАПТИСТТЕРДИН ДИН КЫЗМАТКЕРИ КИШИ КОЛДУУ БОЛДУ

Жыргалбек Касаболотов, Прага Тажикстандын Исфара шаарында баптист-христиандардын чиркөөсүнүн башчысы Сергей Бессарабды дүйшөмбүнүн түнүндө белгисиз адамдар атып кетишти. Кылмыштын себеби азырынча белгисиз.

Исфарадагы баптисттик чиркөөнүн башчысы Сергей Бессарабды январдын 12синен 13үнө караган түнү белгисиз адамдар атып кетишкен. Алдын-ала маалыматтарга караганда, кол салгандар маркумдун эч нерсесин алышкан эмес. Окуя Сергей Бессараб Кудайга сыйынып жалгыз отурган кезинде болгон. Азырынча анын канына забын болгон адамдар табыла элек жана кылмыштын себептери да аныктала элек. Бул туурасында баптисттердин Дүйшөмбү шаарындагы динаятчысы Рашид Шамсизода мындай деди:

- Бул чын, Исфарадагы баптисттик чиркөөнүн башчысын бардык улуттагылар үчүн курулган сыйынуу үйүндө өлтүрүп кетишти. Бул - кылмыш. Биз адамдар менен да, бийлик менен да мамилебиз жакшы. Анткени биз Кудайдын сөзүн таратабыз. Ал эми кылмышка эмне себеп болгону, анын чоо-жайы кийинчерээк билинет болуш керек, - дейт Рашид Шамсизода.

Бирок азырынча айтылган расмий жоромолдор боюнча, Бессарабдын киши колдуу болушунда саясий же диний себептер жок. Тажик өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттин жетекчиси Саид Ахмадовдун айтымында, азыр тергөө жүрүп жатат.

- Анын киши колдуу болгону чын. Бирок буга диний себеп болгон эмес. Бул иш менен Ички иштер министрлиги алектенип атат, жакында баары ачыкка чыгат, - деди Саид Ахмадов.

Тажикстанда 6 миллионго жакын эл жашайт. Алардын басымдуу көпчүлүгү - мусулмандар. Христиандар, анын ичинде баптисттер тажик коомунун аз гана бөлүгүн түзүшөт. Ошондон уламбы, айтор эл аралык коомчулук бул өлкөдөгү диний азчылыктардын тагдырына дайыма тынчсызданып келет.

ПУТИНДИН АСТАНАДАГЫ ВИЗИТИ АЯКТАДЫ

Орус президенти Владимир Путиндин Казакстандагы ырасмий визити аяктады. Астанада Путин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тарапты кызыктырган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Астанада кол коюлган документтердин орчундуусу катары россиялык комментаторлор Байкоңур космодромунун арендалык мөөнөтүн узартуу жана Каспий кылаасындагы мунай кендерин биргелешип иштетүү жөнүндөгү макулдашууларды аташты. Советтер Союзунан мураска калган космодромдун тегерегинде акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда бир топ кыйын-кычыктуу маселелер пайда болгон. Астана мурда кол коюлган келишимди кайра карап, арендалык акынын өлчөмүн жылына дээрлик 200 миллион долларга жеткирүүнү көздөгөн. Жума күнү Астанада жетишилген макулдашууда ижара баасы айтылган жок, бирок анын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылды. Орус өкмөтүнүн вице-премьери Виктор Христенко түшүндүргөндөй, космодромдун ижара акысы тууралуу жакын аралыкта өзүнчө келишим түзүлөт. Мындан эки өлкө тең өнөгүн алдырбайт, тетирисинче, утушка ээ болот, деп ишендирди орус вице-премьери.

Экинчи чоң ийгилик катары Каспийдин Казакстанга караштуу алабындагы мунай кендерин биргелешип иштетүү маселеси боюнча биринчи ирет конкреттүү кадамдар аныкталганын айтышууда. Бул долбоорго тараптар, айрыкча Москва, тек гана экономикалык көз караштан эмес, баарыдан мурда саясий өңүттөн маани берип жатышат. Ошентсе да аталган маселеде күдүктөнткөн айрым проблемалардын башы ачылган жок. Атап айтканда, ырасмий эсептерге ылайык, Казакстандын мунай тармагына сарп кылына турган инвестициянын көлөмү 70 миллиард долларга жетиши керек, мындай суммага болсо “Лукойл” компаниясынын гана эмес, бүткүл Россиянын бюджети чабалдык кылат. Ошол себептен тараптар иштин бул өңүтүн кеңири комментариялашкан жок. Путин да, Назарбаев да негизинен жалпы маанидеги маселелерге басым жасашты. Биздин жолугушууларда ар дайым боло жүргөндөй эле, ортодогу проблемаларды кенен-чонон жана ачык-айрым мүнөздө талкууладык, деп айтты Назарбаев. Интеграция маселесинде бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү боюнча комплекстүү иш чаралар жактырылды. Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдө, Путин ырастагандай, эки тараптуу мамилелердин бардык түйүндүү маселелери, алардын ичинде аскери, саясий кызматташтыктын, эл аралык иштердин проблемалары каралды. Ошондой эле коллективдүү коопсуздук келишимин, Евразия экономика шериктештигин, Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүү жолдору да талкууланды. Эң негизгиси, деп айтты Путин, эки элдин тарыхый ымала-ыкыласы, эзелтен келаткан достук жана боордоштук салты өз ара кызматташтыктын кыймылдаткыч күчү, бекем негизи бойдон сакталып калышы үчүн тараптар баарын жасоого милдеткер.

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ ПУТИН АСТАНАГА КЕЛДИ

Нарын АЙЫП, Прага 9-январда Орусиянын президенти Владимир Путин эки күндүк расми сапар менен Астанага келди. 2004-жыл Казакстанда "Орусия жылы" деп жарыяланган жана Путин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен аны салтанаттуу ачат. Майрам-шооктон тышкары, эки тараптуу сүйлөшүүлөр да болот жана алардын кээ бирлери оор да болушу мүмкүн.

Акыркы мезгилде Борбор Азия мамлекеттери Батыш менен кенен кызматташып, 2001-жылы болсо кээ бир өлкөлөрдө антитеррордук коалициянын базалары ачылгандан соң, Маскөө дагы өз саясатын өзгөртүп, Борбор Азияга көбүрөөк көңүл бура баштады. Ачык айтылбаганы менен, АКШ менен Орусиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары белгилүү деңгээлде бир-бирине каршы келээри да анык, жергиликтүү жетекчилер болсо, абалдан пайдаланып, эки тараптан тең пайда табууга аракеттенүүдө. 2004-жыл Казакстанда "Орусия жылы" деп жарыяланганы да бекеринен эмес.

Аны менен катар, кээ бир орусиялык эксперттердин айтымында, азыркыдай ылдамдык менен өнүгө берсе, жакын арада Казакстан кээ бир тармактарда Орусия менен атаандашууга да жетише алат жана анын айрым белгилери пайда боло баштады.

"Коммерсант" гезитинин жазышынча, мисал үчүн, Казакстан акыркы жылдарда өзүнүн абадан коргонуу системасын АКШ, Алмания жана Улуу Британиянын жардамы менен реформалай баштады жана ал долбоордун наркы бир миллиард долларга жетет. Ал эми КМШ өлкөлөрү ортосунда 1995-жылы кол коюлган келишим боюнча, Шериктешикте ал система бирдиктүү болууга тийиш. Андан тышкары, бул тармакта бир топ аскерий жашырын сыр да бар жана алар Батыш өлкөлөрүнө ачылса, Орусия өзүнүн абадан коргонуу системасын өзгөртүүгө аргасыз болот.

Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн акыркы жыйындарында казак өкүлдөрү НАТО менен бирдиктүү уюм катары кызматташууга каршы чыкты. "Коммерсанттын" жазганына караганда, анын себеби - НАТО менен Астана өз алдынча кеңири кызматташып жатканында. Мисал үчүн, Каспий деңизинин айланасынданы аскерий түзүлүштөрдү жаңыртуу иштерине НАТО 2003-жылы Казакстанга 35 миллион доллар берген.

Ошондуктан Маскөө Борбор Азиялык өлкөлөрдү өз тарабына тартуу үчүн, аларга куралды өзүнүн ички баасы менен сатууну жана алардын аскерлерин өз окуу жайларында бекер окутууну сунуш кылууда. Путин менен Назарбаев Астанада жолукканда, аталган маселелерден тышкары, Байкоңур космодромун биргелешип пайдалануу маселесин да карайт. Ал тууралуу келишим 1994-жылы жыйырма жылдык мөөнөткө кол коюлган жана Казакстан азыр космодромдун ижарасы үчүн Маскөөдөн жыл сайын 115 миллион доллар алат. Келишимдин аяктаарына дагы он жыл бар болгону менен, Маскөө азыртан эле анын мөөнөтүн дагы 50 жылга узартууну сунуш кылууда, Астана болсо бир топ өз шарттарын коюп жатат.

Казакстандын мунай байлыктары айланасында да сүйлөшө турган көп нерсе бар. 2015-жылга карата Казакстан жыл сайын 160 миллион тонна мунай жана 70 миллиард куб метр газ өндүрө баштайт, аны куур аркылуу Батышка жеткирүү ишинен эле ортомчу боло турган Орусия бир топ пайда табышы мүмкүн. Бирок Астана азыртан эле "Бакы-Тбилиси-Жейхан" куур долбооруна кошулууга даярданууда, ошол эле учурда Орусиянын аймагы аркылуу өткөн "Теңгиз-Новороссийск" кууру азырынча толук пайдаланылбайт. Маскөө менен Астана мурда "Курмангазы" мунай кенин чогуу иштетүү тууралуу макулдашкан, бирок келишимге кол коюла элек жана Казакстан акыркы мезгилде ал долбоорго Франциянын "Тотал" фирмасынын кошулушун талап кыла баштады.

Астанада, андан тышкары, чек араларды делимитациялоо, Казакстандагы орустардын жана орус тилинин абалы, Казакстанда өндүрүлгөн буюмдардын орус аймагы аркылуу транзити жана башка маселелер талкууланат.

ТАЖИКСТАНДА БИЙЛИК ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ БИР КӨЗҮ МЕНЕН АСА КАРАП, БИР КӨЗҮ МЕНЕН БАСА КАРАП ТУРГАН ЧАГЫ

Жыргалбек Касаболотов, Прага Тажикстандын бийлик өкүлдөрү массалык маалымат каражаттарына бир жагынан материалдык кызыктыруу, экинчи жагынан күч колдонуу аркылуу таасир этип келишет. Бул жумада өкмөт өкүлдөрү Тажикстандагы атуулдук согушта журналисттер кантип өлтүрүлгөнү иликтене турганын жарыялашты. Мындан тышкары, бийлик өкүлдөрү массалык маалымат каражаттарын салык кыйынчылыктарынан куткарыш үчүн мыйзам жоболору кайрадан каралып чыгышы мүмкүн экенин да билдиришти. Бирок ошону менен катар, өлкөдө журналисттердин укуктары бузулган учурлар арбын.

Тажик бийлиги өлкөдөгү 5 жылдык атуулдук согушта журналисттердин өлтүрүлүшүн иликтөөгө жаңыдан аракет көрө турганын жарыялады. Тажикстандын Массалык маалымат каражаттары боюнча улуттук ассоциациясынын башчысы Нуритдин Каршибоевдин айтымында, атуулдук согуштун тушунда өлтүрүлгөн 70тей журналисттин тагдырын иликтөө максатында атайын комиссия түзүүгө мезгил жетти.

- Атуулдук согуштун учурунда өлтүрүлгөн журналисттердин иши иликтенүүгө тийиш, анткени тажик коомунун өнүгүшүнүн азыркы абалында бул элибиздин саясий түшүнүгүн кеңитээр эле. Коомчулук биздин канча кесиптешибиз өз милдетин аткарып жүрүп киши колдуу болгонун, канчасы кылмыштуу топтордун курмандыгы болгонун билүүгө укуктуу, - деди Нуритдин Каршибоев.

Тажикстанда 1992-1997-жылдары болгон атуулдук согуштун тушунда бул өлкө басма сөз маселелери менен алектенген эл аралык уюмдар тарабынан журналисттер үчүн эң кооптуу мамлекет катары таанылган. Көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик журналисттер согуштун жүрүшүн чагылдырууну максат кылып жүрүп өлтүрүлгөн же жарадар болушкан. Согушка катышкан айтылуу аскер башчылары басма сөздө пайда болгон материалдарга кыжыры келип, журналисттердин сары изине чөп салып атайын издеткен учурлар болгон.

1997-жылы, согуш аяктап калганда тажик коому кадимкидей эки бөлүнүп калган болчу. Орусиядан колдоо тапкан коммунисттер менен исламчыл оппозициянын ортосундагы айыгышкан кармаш өлкөнү алсыратып бүткөн. Жергиликтүү кылмыштуу топтор эки тараптын тең буюртмасын аткарып, кимисине болбосун ээн-жайкын кол сала беришкен. Согуштан кийинки элдешүү жараяны киши колдуу болгон журналисттердин иши сыңары маселелерди экинчи планга калтырды.

1995-жылы “Би-Би-Синин” кабарчысын, 1996-жылы ОРТнын кабарчысын өлтүргөндөр былтыр июлда соттолуп, аларга өкүм чыгарылды. Бирок киши өлтүргүчтөрдүн бирөө мурда эле өлгөн болуп чыкты, башкасы ансыз деле Орусиянын түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатыптыр. Антсе да журналисттерге зомбулук көрсөткөндөрдү жазага тартуу аракетинин өзү, Каршибоевдин пикиринде, тажик өкмөтү бул маселени унута электигин көрсөтүп турат.

Тажикстандын жетекчилиги жакында өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын финансылык жүгүн жеңилдетиш үчүн алардын төлөгөн салыгын текшерип чыкмак болду. Президенттин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарипов ошондой текшерүү башталганын жана ал болжол менен үч айда аяктап калаарын билдирди.

- Финансы министрлиги, Киреше жана салык жыйноо министрлиги, Экономика жана соода министрлиги мезгилдүү басылмалардын аракетин талдап жатышат жана басылмаларды айрым салыктардан бошотуу тууралуу өкмөттүн сунушун 1-апрелге чейин аткарышат, - деди Абдуфаттох Шарипов.

Бирок өлкөдө басма сөз эркиндиги жаатында баары ойдогудай деп айтуу мүмкүн эмес. Наргис Зокирова - Тажикстандагы массалык маалымат каражаттарынын абалы тууралуу Улуттук массалык маалымат каражаттарынын ассоциациясынын атынан жакында билдирүү жазган журналист. Ал Тажикстанда өз кесиптештеринин укуктары бузулуп жатканын айтат.

- Өткөн 4 ай ичинде биздин уюм журналисттердин укуктары бузулган 60тан ашуун фактыны каттады. Негизинен алар журналисттерди опузалоого, алардын маалымат алышына жана өз ишин аткарышына жолтоо кылууга байланыштуу, - дейт Наргис Зокирова. Ошентип, Тажикстан бир чети мурунку кандуу жылдардан калган маселени чечүүгө далалат кылууда, бирок алардын ордун азыркы тапта башка проблемалар басып келатат.

ТАЖИКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗ БАЛДАРДЫН АЙРЫМДАРЫ ТАМГА ТААНЫБАЙТ

Мирзохалим Каримов, Дүйшөмбү-Бишкек Тажикстандагы кыргыздар отурукташкан райондордун билим берүү тармагында жогорку билимдүү мугалимдердин, кыргыз тилиндеги окуу куралдардын жетишсиздигинен кыргыздардын улан-кыздарынын билими жылдан жылга төмөндөп баратат. Алардын арасында өзүнүн аты-жөнүн жаза албай калгандары да бар.

Кыргыздар отурукташкан Тажикстандын Жергетал, Мургап жана Согду облусунун 60тан ашуун мектептеринде окуу-тарбия иштери 1992-жылдан кийин өтө эле солгундап кеткен. Окуу куралдарынын жана мугалимдердин жетишпегендиги тууралуу көп эле жолу айтылса да бул маселеге али да болсо олуттуу маани берилбей келатат. Эгер билим берүү тармагына сергек, камкор мамиле жасалбай турган болсо, бул аймактагы улан-кыздар билимсиз болуп калаары бышык. Андай ойду айтып келаткандардын бири - Тажикстандагы кыргыздардын балдарына 40 жылдан бери билим берип келаткан, эмгек сиңирген ардагер мугалим, Чоңкыргыз айылынын тургуну Сайло Назаров:

- Советтер Бирдиги тарагандан кийин Тажикстанда уруш-талаш болуп, ошонун айынан көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болдук. Уруштун билим берүү тармагына тийгизген тескери таасири азыркыга чейин биздин тынчыбызды алып келет. Ошонун кесепетинен мугалимдердин көбү башка иштерди аркалап, окутуучу кадрлар жетишпей калды.

Эгер бул маселеге астейдил көңүл бурулбаса Тажикстандагы кыргыздардын балдары өнүп-өспөй калышы мүмкүн. Ал тууралуу Сайло Назаров мындай пикирин айтты:

- Мен буга байланыштуу бир мисал келтирейин. Дамбырачы деген айылдан бир жердешибиздин уулу кызмат өтөш үчүн аскерге барат. Үйүнө кат жөнөтөйүн десе, эч нерсе жазалбай мукурайт. Ал кызмат кылган бөлүктө өзүнөн башка кыргыз балдар жок экен. Анан өзбек, тажик балдарга жалдырап, үйүнө кат жаздырыптыр. Мына ошондо гана ал билимсиз калганына өкүнүп, атасына нааразылык билдирген сөздөрдү жаздырып жөнөткөн экен.

Кыргыздар көбүрөөк отурукташкан Жергетал районундагы 50дөн ашуун орто жана башталгыч мектептердин басымдуу бөлүгү эларалык уюмдардын колдоосу менен ремонттолуп бүткөн. Жергиликтүү бийлик бул маселеге жакшы көңүл бурганы көрүнүп турат. Бирок кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын жетишсиздигинен улам жана мамлекет тарабынан окутуучуларга төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү өтө эле аз болгондуктан, жогорку билимдүү кадрлардын көпчүлүгү мектептерде иштебей коюп жатышат. Бул - жергиликтүү бийликтин тынчын көптөн бери алып келатат.

Айтор, жергеталдыктар тынчсыздангандай, эгерде Тажикстандын, өзгөчө, Кыргызстандын Билим берүү министрликтери кыргыз тилиндеги билим берүү тармагында тезинен олуттуу иш-чараларды жүзөгө ашырбаса, анда тажикстандык кыргыздардын сабаттуулук деңгээли мындан ары ого бетер төмөндөй бериши ыктымал.

ЖЕЛТОКСАН ОКУЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ДА ШЫКТАНДЫРГАН

Кыяс Молдокасымов, Бишкек. 17-декабрда Алматы шаарында коомчулуктун айрым өкүлдөрү 1986-жылдагы кандуу Желтоксан окуясын эскерип, чакан жыйын өткөрүштү. Тоталитардык доор менен айкындуулуктун ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жаткан ошол күндөрдө Коммунисттик партиянын Кремлдеги төбөлдөрү Динмухаммед Кунаевди бийликтен четтетип, ал орунду республикага аты-жөнү белгисиз келгин Г.Колбинге тартып беришкен. Бул окуя алматылык студенттердин нааразычылыгын жаратып, аларды көчөгө чыгууга аргасыз кылган эле.

Нааразычылык акциясы 3 күнгө созулуп, аны атайын даярдыктагы аскер бөлүкчөсүнүн жоокерлери күч колдонуу менен баскан. Желтоксан окуясы көпчүлүк кыргызстандыктарды да кайдыгер калтырган эмес. Туура 17 жыл мурда Алматыда болгон бул окуя Советтер Союзунун алсыздана баштаганын, Кремль төбөлдөрүнүн өлкөнү өзүм билемдик менен башкаруусу эл тарабынан кабылданбай калганын дагы бир жолу далилдеген болчу. Жергиликтүү элдин пикири менен эч эсептешпей, 16 мүнөттүк жыйында Казакстанды чейрек кылымдан ашуун башкарып келген Динмухаммед Кунаевди бийликтен четтетүү азыркы түшүнүк менен алганда мамлекеттик төңкөрүшкө тете окуя болгонун эксперттер эмдигиче айтып, жазып келишет.

Мына ошол декабрдагы кандуу окуя учурунда айрым кыргыз жаштары, интеллигенция өкүлдөрү Алматыдагы жаштардын аракеттерин кубаттап, аларга жардам берүүгө далалат кылып чыгышкан. Ошол кезде Бишкектеги студенттик жатаканаларды күнү-түнү менен мугалимдер кайтарып, алардын оозунан «Алматы» деген сөз чыкса сак-сакташкан учур болгон. Ал эми кыргыздын белгилүү жазуучулары Асанбек Стамов менен маркум Мырза Гапаров Алматыны көздөй аттанышып, бирок Курдайдан ары өткөрбөй койгондон улам артка кайтууга аргасыз болушкан. Ошол кезде «Алматыдагы жаштардын толкунун басууга көмөктөштүңөр» деп аскер кызматын өтөп жаткан 18 жаштагы кыргыз жоокери Таалай Ылайтегин өзүнө сунулган «Мактоо баракчасынан» баш тартканы коомчулуктун эсинде.

Алматыдагы Желтоксан коогалаңы тууралуу өзүнүн жеке көз-карашын студенттерге айта коём деп Кыргыз мамлеттик университетинин окутуучусу Давлес Айкеев партиянын катарынан чыгарылып, кызматтан четтетилген. Кандидаттык диссертациясын коргоого тыюу салынган. Ошол окуяларды окумуштуу Давлес Айкеевдин өз оозунан угалы:

- Кыргыз улуттук университетинде иштеп жүргөндө, 1986-жылы Алматыга байланыштуу болгон окуяга карата студенттердин суроосуна мен «элдердин аң-сезими азыр мурдагыдай эмес. Алардын түшүнүгү азыр жогору. Эгерде М. Горбачев мындан ары ушундай саясатын жүргүзө берсе Совет мамлекетин кулатышы мүмкүн» деп айтканым чын. Анткени эл өз эркиндигин каалап, эркин жашагысы келип аткан. Мурдагыдай буйрук менен жашоо элдин өзөгүнө аябай тийген.

Мына ушул сөзүнөн кийин Давлес Айкеевдин тагдыры таптакыр өзгөрдү. Ошол кездеги университеттин окутуучусу таштандылардан бөтөлкө чогултуп, өлбөстүн күнүн кечирүүгө аргасыз болду.

- Декабрдагы Алматыдагы окуяга байланыштуу репрессияга туш болдум, - дейт Давлес Айкеев ал каргашалуу күндөрдү эскерип. - Партиядан чыгарып, иштен статья менен айдап, бир жарым жыл эч жакка ишке албай коюшту. Диссертациямды жактатпай койду. СССР кулагандан кийин, партия диктаттык укуктан ажырагандан соң гана кайра мугалим болуп иштөөгө мүмкүн болду. Бирок ушул күнгө чейин эчен жолу соттун элегинен өтсөм да, акталбай келем.

Давлес Айкеев адилеттик издеп райондук соттон баштап Конституциялык сотко чейин 10дон ашуун ирет кайрылган. Бирок азырынча анын колуна «акталды» деген кагаз тийе элек. Анын үстүнө өз учурунда катуу куугунтукка кабылган Давлес Айкеев көп ооруга кабылып, учурда 2-топтогу майыпка айланган:

- Бул репрессиядан кийин мен өтө кайгыга түшүп, оорукчан болуп калдым. Азыр майыпмын. Кулагым да укпай калган.

Ошентип, мындан туура 17 жыл мурдагы Желтоксан окуясына кыргызстандыктар да кайдыгер карабай, коңшу казак элинин толкунун тымызын колдоого алып, тарткан азабына, көргөн кордугуна кошо кайгырып, кылымдар бою боло келген тилектештигин дагы бир жолу билдирген.

ӨЗБЕКСТАНДА ӨЛҮМГӨ КЕСИЛГЕНДЕР МЕНЕН КОШО АЛАРДЫН ТУУГАНДАРЫ ДА ЖАЗАЛАНАТ

Эл аралык Мунапыс уюму Өзбекстанда өлүм жазасын колдонууну токтотууга үндөгөн кайрылуу таратты. Анда айтылгандай, Өзбекстандын ички иштер органдары абакка түшкөндөрдү уруп-сабап, күнөөнү күчкө салып мойнуна алдырат. Соттор коррупциялашкандыктан, айрым учурларда күнөөсүз адамдар да өлүмгө кесилиши толук ыктымал. Андан сырткары эл аралык уюмду түрмөдө өлтүрүлгөндөрдүн сөөгү туугандарынан жашырылганы да тынчсыздандырат.

Өлүм жазасына жана түрмөлөрдөгү кыйноолорго каршы Өзбкстандык энелердин уюмунун жетекчиси Тамара Чикунованын уулу Дмитрий 2000-жылы соттун өкүмү менен өлүмгө кесилген.

- Мен балам өлгөнү тууралуу расмий маалымат алган соң, Ташкендеги түрмөнүн чоңуна барып, уулумдун сөөгүн бергиле, же кайда көмүлгөнүн айтып бериңиз деп сурандым. Ал Өзбекстандын мыйзамдары боюнча өлүм жазасына тартылган адамдын сөөгү туугандарына берилбейт деп жооп берди. Жада калса анын кийим-кечек, буюмдарын берүүдөн баш тартышты. Баламдын сөөгү коюлган жайды издеп келатканыма 3 жылдан ашты.


Тамара Чикунова жетектеген уюм азыр Өзбекстанда өлүм жазасын күтүп отурган айыпкерлердин тагдырына тынчсызданып, эл аралык уюмдардан жардам сурап чуркап жүрөт. Алардын айрымдарынын ишине токтоло кетсек, Евгений Гугнин жана Илхом Каримов Ташкен шаарында жашаган жаш аялды зордуктап, күйөөсү экөөнү өлтүрүп кетишкен деген кине боюнча камакка алынышкан. Каримов 20 жылга катаал режимдеги түрмөгө кесилип, Гугнин - эң катаал жазага буйрулган. Чикунова Гугнин абакта отурганда тергөөчүлөр аны уруп-сабап, күнөөнү мойнуңа албасаң, энең менен бир тууганыңдан ажырайсың деп коркуткандыктан, аргасы кетип, керектүү кагаздарга кол коюп бергенин баяндайт.

Өткөн жылдын декабрь айында Өзбекстандын Жогорку соту өлүм жазасын күчүндө калтырган Аброр Исаев башында өз демилгеси менен ички иштер органдарына оор кылмыштын күбөсү катары көрсөтмө бериш үчүн барган. Кийинчерээк, ал өзү көрүп калган кылмыш иш үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган Нодирбек Каримовдун өнөктөшү катары абакка отургузулган. Аброр Исаевдин энеси уулуна жолукканы барган сайын, ал аябай кыйналып, акылынан айнып баратканын көрүп, азабын тартып кайтаарын айтат.

- Сүйлөбөйт, үн чыгарып да койбойт. "Аброр, мен келдим, апаңмын", - десем дубалды тиктеп унчукпайт. Басып келатканында карасам, бутун араңдан зорго сүйрөп келди. Жанындагылар: "уулуңузга атайын түтүк аркылуу тамак берип жатышат, антпесе өлүп калчудай", - деп айтышты.

Аброр Исаевдин энеси түрмөдөгү догдурларга уулун дарылоо өтүнүчү менен кайрылганында, балаңыздын саламаттыгы ойдогудай, дарылоого муктаж эмес деп оозеки жооп беришип, ал тууралуу кагазга жазып берүүдөн баш тартышкан.


2001-жылы өзбек өкмөтүнө, мамлекеттик түзүлүшкө каршы бүлгүнчүл аракеттерге аралашкан деген шек боюнча кармалган Искандар Худоберганов андан бери "террорчулук, киши өлтүрүүгө катышкан" деген кинелер кошулуп отуруп, акыры сот тарабынан өлүмгө кесилген. Анын энеси уулунун тагдырын сурап, ар кайсы эшикти каккылап жүрүп, өкүм дээрлик бир ай мурда жүзөгө ашырылганын шаардык соттун кызматкеринен укканын, кийин бул суук кабарга чыдабай, күйөөсү асынып өлүп алганын баяндайт.

Эл аралык Мунапыс уюму Өзбекстанда соттун өкүмү аткарылганы тууралуу маалыматты жана өлүм жазасына тартылгандардын сөөгүн алардын туугандарынан жашыруу – абактардагы уруп-сабоо, кыйноонун белгилерин жаап-жашыруу аракети болушу мүмкүн деп эсептейт. Өзбекстандын президенти И.Каримов жана тышкы иштер министри Садик Сафоевдин наамына жазылган кайрылууда акыркы жылдары 11 адамга карата чыгарылган эң катаал өкүм өлкө башчысы тарабынан өзгөртүлгөнү кубатталып, ички иштер органдары менен соттордун ишинин адилеттүүлүгү калк арасында чоң күмөн туудурган шарттарда өлүм жазасын колдонуудан таптакыр баш тартуу зарыл деп белгиленген.

БОРБОР АЗИЯДА КАЛАЙЫКТЫ АЛДАП АКЧА ЖЫЙГАН ШЫЛУУНДАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ СОТ ЖАРАЯНЫ ЖҮРҮҮДӨ.

Аманбек Дилденбай, Прага Тажикистанда шуру жасап чыгарган “Жамал жана компания” аттуу жеке менчик фирманын үстүнөн кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат. Алдын-ала алынган маалыматка караганда, 50 миңден ашуун тажик атуулдары ал фирмага акчасын алдатып сызга отурган. Мындай окуя Бишкекте да кайталанып, 700дөн ашуун шаар тургундары “алдамчы” фирмага акчасын алдаткан. Жума күнү Бишкектеги Биринчи май райондук соту фирма менен кызматташтыгы бар 25 жаштагы азербайжан атуулун 3 жылга шарттуу түрдө кести.

Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүдө “Жамал жана компания” жеке фирмасынын үстүнөн “Мыйзамсыз банк иштерин жүргүзгөн” жана “алдоо жолу менен акча топтогон” деген доо коюлуп, кылмыш иши козголгон. Фирмага акчасын алдаткан жүздөгөн аманатчылар фирманын директору Жамшид Сияев жана анын эки кызматташынын үстүнөн бейшембиде ишин уланткан сот жараяны өтүп жаткан Тажикстандын Жогорку Сотунун алдына чогулушту.

Карапайым калктын акча каражатын алдап алуу үчүн шылуундар эң жөнөкөй ыкма колдонгон. “Жамал жана компания” кардарларга жөнөкөй айнек шуруларды жипке тизип келүү кызматын сунуш кылып, күрөөгө акчаларын алып калган. Алгачкы жолу кардарлардын кызыгуусун арттыруу үчүн, жипке тизип келген шурулар үчүн дурус акы төлөгөн. Кимде-ким фирмага алдын ала көбүрөөк акчалай аманат калтырып, шуруну алып кетип, аны жипке тизсе, ал кардар башкаларга караганда эбегейсиз зор пайда көрөөрүн айтып азгырышкан. Жыйынтыгында мындай алдамчылык тузагына 54 миңге жакын тажик атуулдары кириптер болгон. Фирма алардын эсебинен кеминде 41 миллионго жакын доллар өлчөмүндө каражат чогулткан. Акчасын алдаткан аманатчылардын көпчүлүгү-аялдар жана жакырчылыкка белчесинен баткан адамдар. Айрымдары карыздап алган акыркы каражатына чейин, айрымдары үй-жайын сатып 20 миң долларга чейинки каражатты “Жамал жана компанияга” күрөөгө койгон экен. Тажик аялдарынын “Жамал жана компанияга” бөөдө жерден алдаткан каражатын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү деле бүдөмүк. Компаниянын үстүнөн козголгон сот иши кийинки аптага жылдырылды.

Мына ушундай алдоо ыкмасы аркылуу 700дөн ашуун Кыргызстан атуулдарын “шуру тиздирип” каражат топтоп, мыйзамсыз иш жүргүзгөн Бишкектеги “Уорлд Интерпрайс” жеке фирмасынын үстүнөн да быйыл апрель айында кылмыш иши козголгон. Бир айдын ичинде эле бул алдамчы фирма кардарлардын 3 миллион сомдон ашык каражатын чогултуп алган. Бишкек шаардык ички иштер органы текшерүүгө ала баштаганда, фирманы негиздеген Низами Абдуллаев аттуу адам фирманын бүткүл иш кагаздарын алып качып кеткен. “Уорлд Интерпайс”фирмасынын чоо-жайын иликтей келгенде, Низами Абдуллаев Тажикистандан качып келип, Бишкекте баш пааналаганы аныкталган. Аны менен чогуу иштешкен 25 жаштагы азербайжан атуулу Мирахмед Гасановдун үстүнөн жума күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда сот жараяны жүрүп, сот “жалган ишкердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн” Мирахмед Гасановду 3 жылга шарттуу түрдө кести. Гасановдун адвокаты Сергей Манукяндын айтымында:

- Гасановду Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 82-беренесине ылайык “жалган ишкердүүлүк жүргүзгөндүгү” үчүн колонияга 3 жылга кести. Анын кылмышы жок экенине мен ишенем. Анын паспортун бирөөлөр пайдаланып фирма түзгөн. Биздин мыйзамга ылайык ишкана же фирма түзүүчү ишкананын кызматкерлери үчүн жоопко тартылбайт. Гасановдун наамына түзүлгөн фирманы Абдуллаев деген бирөө жетектеп жүрүп кийин качып кеткен. Ал азыр издөөгө алынууда. Анын канчалык күнөөсү бар, сот гана чечет.

1990-жылдары Албанияда жана Орусияда нечендеген шылуундар жалган фирма, компания жана банк түзүү жолу менен элди алдап, азгырып, каражат топтошкон. Алардын тажрыйбасы Борбордук Азияда кайталанып жатканы “өткөндүн өкүнүчтүү сабактарын” тиешелүү бийлик органдары, карапайым калк этибарга албагандыгын айгинелейт.

ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

Аманбек Дилденбай, Прага Президент Ислам Каримовдун жарлыгы менен Өзбекстандын премьер-министри Өткүр Султанов ээлеген кызматынан кетти. Анын ордуна Самарканд облусунун акими болуп иштеп келген Шавкат Мирзияев дайындалды.

Бейшембиде өзбек президенти Ислам Каримов көп жылдар бою өкмөт башчысы милдетин аркалап келген Өткүр Султановду кызматынан алды. Ушул эле күнү Өзбекстандын парламентинин кезектеги 13-отуруму болуп, премьердикке Самарканд облусунун губернатору Шавкат Мирзияевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун жактырды. Жаңы премьерди Өзбекстандын президенти Ислам Каримов парламент депутаттарына тааныштырды:

- Өзбекстандын өкмөт башчылыгына Самарканд облусунун мурдагы губернатору Шавкат Мирзияев дайындалды.
-
Өзбек президенти өз сөзүндө өкмөт башчылыгына баардык тармакты жакшы биле турган адам келгендигин баса белгиледи:

- Өкмөт башчылыгына, бүгүнкү мезгилге ылайык, өлкөбүздөгү шартты жакшы билген, өз иш тажрыйбасы менен көрүнө алган кызматкерди дайындоого бир пикирден макул болдук.

Лондондогу экономикалык изилдөөлөр борборунун маалыматы боюнча, айыл чарба тармагы Өзбекстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бирге жакынын берет. 2002-жылы айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 6,1% өскөн. Бирок быйылкы өсүү андан да төмөнкү көрсөткүчтү түзүшү күтүлүүдө. Себеби алгачкы 6 айдын жыйынтыгы боюнча өсүү 4%га да жеткен эмес. Пахта өндүрүшү экспорттук продукциянын 41,5 % түзөт. Өзбекстандын айыл чарба министрин президент Каримов май айында кызматтан алган. Ал эми июль айында өкмөттүк реформаны өтө жай жүргүзүүдө деп өкмөттү сындап, өкмөттү экономиканы башкаруу жана реформалоо жаатында ыкчам иш жүргүзүүгө чакырган.

64 жаштагы Өткүр Султанов 1995-жылдан бери Өзбекстандын премьер-министри болуп иштеп келген. Президент Каримов парламент депуттатарына Султановдун өзүнө тапшырылган кызматты колунан келишинче аткарып келгенин да баса белгиледи:

- Өкмөт башчысы болуп иштеп келген Өткүр Токтомуратович Султанов, колунан келген аракетин жумшаганын айтып кетүүбүз абзел.

Өзбекстан президенти Султанов мырзанын премьер-министрдин оор өнөр жай, металлургия, отун энергетика секторун тейлөөчү орун басары болуп дайындалгандыгын билдирди.

Ал эми Өзбекстандын премьер-министри болуп жаңы дайындалган Шавкат Мирзияев, парламентте мындай деп ант берди:

- Мен кан-жанымды, бүткүл күчүмдү 24 саат бою жумшап, сиздин ишенимиңизди жана депутаттардын ишеничин актоого убада берем.

Адатта, авторитардык режимдин башчысы Ислам Каримовго буга чейин эч бир өкмөт башчы өйдө карап сөз сүйлөп, демократиячыл реформа жүргүзүүгө чакырык жасай алган эмес. Жаңы премьер-министр ички саясий топтор аралык күрөшкө кандайча катышат жана укук коргоочулар сынга алып келген көйгөйлөрдү чечүүгө огожо боло алабы? Бул сыяктуу суроолорго жакынкы турмуш өзү жообун табаар.

ӨЗБЕК БИЙЛИКТЕРИ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ИШМЕРДИГИНЕ БӨГӨТ КОЮУДА

Венера Сагындык кызы, Прага шаары Өткөн жума күнү Ташкенде Өзбекстанда колдонулуп келаткан өлүм жазасын талкуулаган конференция өтмөк. Өзбек бийликтери аны уюштурган бейөкмөт уюм каттоодон өткөн эмес деп, жыйынга аз калганда ага тыюу салышты. Өлүм жазасы менен кыйноолорго каршы Өзбекстандык энелердин кыймылы уюштурган ал жыйынга бир катар эл аралык уюмдар да катышмак.

Балдары түрмөлөрдө каза тапкан, же уруп-сабоого туш болгон өзбекстандык энелердин кыймылы былтыр Юстиция министрлигине документтерин тапшырганда, министрлик мындай аталыштагы жаңы уюмду каттоого алуудан баш тарткан болчу. Кийинчерээк кыймылдын уюштуруучулары эми «Жеке адамга карата кылмыштарга каршы энелер уюму» деген жаңы аталыш алдында документтерин кайра сунуш кылганда, Өзбекстандын Юстиция министрлиги эки айча маалкатып туруп, алардын арызын эч жоопсуз артка кайтарган.

Өлүм жазасына жана кыйноолорго каршы энелер уюму - Өзбекстанда каттоого алынбай, мыйзамсыз иштөөгө аргасыз болгон жападан жалгыз коомдук уюшма эмес. Башка да ондогон бейөкмөт уюмдар каттоодон өтпөй калган, ал эми адам укуктарын коргоого адистешкен эки кыймыл - Өзбекстандын көз карандысыз адам укуктары уюму жана "Эзгулик" аттуу коомдук бирикме – юстиция министрлиги тарабынан каттоо баракчасын алганы менен, ишмердигине тыюу салынып, жетекчилери бийликтегилер тарабынан куугунтукталып келатат.

Өткөн жума күнкүгө эбактан бери даярдалып келаткан өлүм жазасына каршы конференцияга бир күн калганда, өзбек президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча улуттук борбордун өкүлү барып, бул жыйынга тыюу салынганын жарыялады. Ага байланыштуу конференциянын башкы демилгечиси - Өлүм жазасына жана кыйноолорго каршы энелер кыймылынын жетекчиси Тамара Чикунова "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Мамлекет тарабынан мындай учурларда бизге айтылчу демейдеги жооп – мен башкарган уюм расмий каттоодон өтпөгөндүгү. Биздин уюм - иш жүзүндө жоктой.

Тамара Чикунова өлүм жазасына каршы конференция өтмөкчү болгон Ташкендеги мейманкананын жетекчиси да ага жолугуп, өкмөт бул жыйынга уруксат берилбегендиктен, аны катуу эскерткенин кабарлаганын айтат.

Балдары түрмөлөрдө каза таап, же кордук көргөн Өзбекстандык энелер демилгечиси болгон жыйын ошентип, өтпөй калды. Конференцияны уюштурууга колдоо көрсөткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Британиянын Өзбекстандагы элчилиги жана эл аралык Freedom House уюму үчүн Ташкендин бул чечими күтүүсүз кадам болуп калды. Ал жыйынга катышыш үчүн Ташкенге чет элдик беш конок учуп барып калышкан экен. Алардын бири, "Америкадагы киши колдуу болуп өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрү өз ара аракеттенүү үчүн" аттуу кыймылдын аткаруучу директору Ренни Кашинг буларга токтолду.

- Балким, өзбек өкмөтү өлкөдө колдонулуп келаткан өлүм жазасы талкууга алынышынан кооптонгондур. Өлүмгө тартуу, кантсе да, адам укуктарына байланыштуу эч бир эл аралык мыйзамдарга жооп бербейт.

Ага катышпай калган дагы бир уюм - Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch уюму өзбек өкмөтү мындай чечими менен адам укуктарын сыйлабастыгын дагы бир ирет далилдегенин билдирди.

Ташкенде болбой калган жыйынга байланыштуу укук коргоо уюмдары Өзбекстан менен кызматташкан чет мамлекеттер менен эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогону жатышат. Андай мекемелердин бири – Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы - Өзбекстанга көрсөтүлчү жардамын бир жылга кийинкиге жылдырып, расмий Ташкенден бул убакыт ичинде бейөкмөт уюмдарды каттоого алып, алардын эркин ишмердигине бардык шарттарды түзүүнү талап кылган.

КАЗАКСТАНДА ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ТАНДОО ПАРТИЯСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Аманбек Дилденбай, Прага шаары Казакстандагы оппозициялык маанайдагы күчтөр өткөн аптада Казакстан элдик демократиялык тандоо партиясын түзүү тууралуу билдирүү жасап, алгачкы жыйынын өткөрдү. Айрым эксперттердин баамында, юстиция министрлигинен партияны каттоодон өткөрүүгө келгенде бийлик тарабынан буга ар түрдүү тоскоолдуктар жасалышы мүмкүн.

Келээрки жылдын күз айларында Казакстанда парламенттик шайлоо өтүүсү күтүлүүдө. Парламенттик шайлоого карата Казакстандагы оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр өткөн аптада Казакстан элдик демократиялык тандоо партиясын түзүү тууралуу атайын билдирүү жасады. Алдын-ала алынган маалыматка караганда, партиянын курултайы февраль айында өткөрүлөт. Демократиялык кыймылдын лидерлеринин бири Төлөн Токтозиновдун айтымында:

– Биздин жыйналганыбыздын негизги себеби - партия куруу.

Айрым байкоочулардын пикиринде, жаңыдан түзүлүп жаткан Казакстан демократиялык тандоо партиясына бийлик тарабынан ар түрдүү кысым көрсөтүлүшү мүмкүн.

АКШнын Йел университетинин Борбордук Азия экономикасы боюнча адис Полин Жоунс Луонг:

– Казакстан демократиялык тандоо партиясын катоодон өткөрүүгө президент Нурсултан Назарбаев уруксат берээринен күмөнүм бар. Анткени демократиялык тандоо партиясы жергиликтүү бийликтерге шайлоо жана саясий кырдаалды өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар менен кайрылып, бийликти кыйла сестентип койду. Ал эми башка тараптагы “Ак жол” партиясынын жөнү башка. Алар экономикалык сунуштар менен гана чыгышкан.

Учурда Казакстанда өкмөтчүл беш партия бар. Казакстан демократиялык тандоо партиясы өлкөдөгү бирден-бир оппозициялык маанайдагы ири партия болуп калуусу ажеп эмес. Алардын программасында өлкөдө саясий кырдаалды өзгөртүү, президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, парламенттик башкарууну күчөтүү тууралуу сунуштар бар. Бирок Казакстандын шайлоо тууралуу мыйзамына ылайык, саясий партия атайын каттоодон өтүү үчүн бери дегенде 50 миң тарапкердин колун чогултуусу керек.

Саясий эксперттердин баамында, Казакстан демократиялык тандоо партиясы мыйзам талап кылган тарапкерлердин колун чогултуусу мүмкүн. АКШнын Түндүк Каролина университетинин доценти Стив Сэболдун пикиринде, тарапкерлердин колун чогултуу жаңы партия үчүн кыйынчылыкка турат. Бирок алардын расмий каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүгү барбы? Сэбол мырза бул суроого мындайча жообун узатат:

– Казакстанга АКШ жана Европа тараптан олуттуу сындар айтылууда. Өлкөдө саясий реформа жасоого бүгүнкү башкаруу режими өзү түрткү болууда. Президенттин кызы Ашар партиясын түзгөндүгү айтылган сын пикирге далил болуп атпайбы.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева үстүбүздөгү жылдын октябрь айында “Ашар” партиясын уюштурган эле. Айрым байкоочулардын билдиришинче, Дарига Назарбаева түзгөн “Ашар” партиясын каттоодон өткөрүү үчүн эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес. “Ашар” партиясын түптөө үчүн мамлекеттик “машина” иштеген. Ал эми оппозициялык маанайдагы жаңыдан түзүлүп жаткан Казакстан демократиялык тандоо партиясынын лидерлеринин бири Батырхан Даримбет партияны түзүү тууралуу оюн төмөндөгүчө билдирди:

– Партия куруу жөнүндө маселе көптөн бери айтылып келатканы ырас. Анын азыркы чечүүчү мезгили келгени бүгүн гана белгилүү болуп жаткан жок. Көптөн бери өнүгүп келаткан окуялардын негизинде, бүгүн жарыялап отурабыз. Буга Грузиядагы окуялар белгилүү бир даражада таасир эткени да ырас.

Жоунс Луонгдун пикиринде, грузия оппозициясы эл аралык колдоонун натыйжасында ийгиликтерге жетишкен сыяктуу эле, казак оппозициясы да эл аралык коомчулуктун тилектештигине үмүткөр.

ГЕРМАНИЯ КАНЦЛЕРИ ГЕРХАРД ШРЕДЕР КАЗАКСТАНДА

Аманбек Дилденбай, Прага Германиянын канцлери Герхард Шрөдердин Казакстандагы эки күндүк иш сапары аяктады. Шрөдер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштар жана коопсуздук маселелеринен сырткары, Казакстанда жашаган немис улутунун турмуш жайына да көңүл бурду. Бул тууралуу Аманбек Дилденбай баяндайт.

Канцлер Герхард Шрөдер жетектеген, курамында 150гө жакын адамдан турган германиялык делегациянын Казакстандагы иш сапары жума күнү аяктады. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен канцлер Герхард Шрөдер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мунай өндүрүү жана аэрокосмикалык кызматташуу боюнча келишим түзүштү. Ошондой эле Борбор Азиянын коопсуздугу жана Ооганстандагы террорчулукту жоюуга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү күн тартибиндеги негизги маселелерден болду.Иш сапарында Канцлер Шрөдер немис улутунун Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Учурда Казакстандагы немистердин саны 300 миңге жакын. Алардын бир бөлүгү 1930-жылдары Совет доорундагы колхоздоштуруу мезгилинде Орусиядан көчүрүлүп келген. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда болсо Сталиндин буйругу менен жүз миңдеген немистер Волга боюнан Борбор Азия, Казакстан, Сибир чөлкөмүнө көчүрүлгөн. Казакстанга отурукташып калган бир миллионго жакын немистердин көпчүлүгү 1989-жылдан баштап тарыхый ата мекени Германияга өз ыктыярлыгы менен көчүп кеткен. Он жыл аралыгында эле Казакстандан 700 миңге жакын немис Германияга журт которгон. Казакстанда калган немистердин көпчүлүгү-кары картаңдар, айыл тургундары. Алардын жагдайы тууралуу Казакстандын немис улутундагы жазуучусу Герлд Белгер буларга токтолду.

- Казакстанда азыр 300 миңдей немис жашайт. Алардын көпчүлүгү эч кайда көчпөйт. Анча мынчасы көчүп кеткен күдө да 200 миң немис өлкөдө калат. Казакстанда алар жамандык көргөн жок. Журт катары өмүр сүрүп келатат. Ошондой болсо дагы алар Германия тараптан жетимдик көрбөгөнү абзел. Казактын казак, немистин немис болгонуна не жетсин.

Казакстандан Германияга жер оодарып барган немистер үчүн немис өкмөтү атайын программа кабыл алган. Анда немисче окутуу, кесиптик кайра даярдыктан өтүү акысыз окутулат. Өлкөдөгү немистерге каржылык колдоо көргөзүлгөнү менен алар моралдык жактан колдоого дагы эле өзгөчө муктаж, дейт Казакстандан барган ишкер Александр Айхман “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде.

-Чынында каржылык жактан колдоо көргөзүшөт. Бирок моралдык колдоо көрсөтүүсүнөн менин күмөндүгүм бар,- дейт Александр Айхман.

Ал эми Германияга Казакстандан көчүп барган немистер тууралуу Казакстандык жазуучу Герлд Белгер:

- Бүгүнкү германияда Казакстандык немистердин жарым миллиону турат. Бул үлкөн байлык, зор күч. Алардын интеграциясы Немис бийлигинин көңүлүн бөлүүсү зарыл, -дейт Белгер.

Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Казакстандагы немис тургундарга расмий Берлин ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

ӨЗБЕКСТАН: КИМДИН СӨЗҮ ЧЫН?

Аманбек Дилденбай, Прага Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өмүрүнө коркунуч туудурган, деген кине менен абакта отурган Зайнидин Аскаров журналисттер менен болгон жолугушууда, 1999-жылдагы Ташкент жардыруусуна катыштыгы бар деген күнөөнү күч органдары мажбур кылып моюнуна алдырганын маалымдаган. Анын билдирүүсүн Өзбекстандын коопсуздук кызматы жокко чыгарууда.

Өзбекстандын коопсуздук кызматы апта ортосунда “Азаттык,” “Америка авазы,” “Би-би-си” радиолорунун Ташкенттеги кабарчылары үчүн атайын жыйын уюштурду. Жыйында 1999-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду жок кылууга багытталган өкмөт үйүнүн жанындагы автоунаага салынган динамиттин жардыруусун уюштурганга катыштыгы бар, деп айып тагылып абакта отурган Зайнидин Аскаров менен жолугушуу болду. Ал бейрасмий Өзбекстандагы ислам кыймылы уюмунун лидерлеринин бири. Зайнидин Аскаров Ташкенттеги жардырууга катыштыгы бар деп кармалып 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал тергөө учурунда Өзбекстан ислам кыймылынын лидери Жума Намангани жана Тахир Юлдашевди, Демократиялык кыймылдын лидери Мухамед Салихти жардырууга катыштыгы бар деп көрсөтмө берген.

Журналисттер менен болгон жолугушууда Аскаров коопсуздук кызматынын бул жардырууга катыштыгы жок экенин аныктамак. Жолугушуу учурунда ал журналисттердин ар кандай суроолоруна жооп берип жатканда, көзөмөлдө турган коопсуздук кызматкери тамеки тартканы сыртка чыгып кеткенинен пайдаланып, анын үстүнөн козголгон кылмыш иши күч органдары тарабынан коркутуп-үркүтүү жолу менен тагылган айып экенин айткан.

Аскаров:
- Ички иштер министри Алматов өзү мени чакыртып алып, эгерде Мухамед Салихке каршы көрсөтмө берсең, түрмөгө бейкүнөө камалгандын баарын, мени дагы бошотом деп убада берген. Ошондуктан элди бошотоюн деп Салихти каралагам.

Анын айтымында өзбек бийлиги 1999-жылдын 16-февралындагы жардырууну ким уюштургандыгын тергөөгө чейин, алдын ала эле жарыялап же “сыртынан тон бычып” койгон:

- Жардыруудан беш мүнөт өткөндөн кийин президент Каримов, Рустам Инаятов жана Закир Алматов бул иш диний ишенимдеги фанаттардын колунан келди. Ал кимдер экендигин биз билебиз. Аларды жакында кармайбыз.

Ошондой эле Аскаров Мухамед Салихтин, Тахир Юлдаштын Ташкен жардыруусуна эч кандай тиешеси жогун билдирип, эгерде жардыруу кандайдыр бир максатты көздөсө анда ал президент Каримовду өлтүрмөк, деген оюн айткан.

Кийинки күнү Коопсуздук кызматынын подполковниги Равшан Абдулаханов Ташкенттеги “Азаттык” үн алгысынын бөлүмүнө келип, Аскаровдун журналисттерге айткан мындай билдирүүсүн жалганга чыгарып, аны акыл-эс жагынан оорукчан экендигин билдирген.

- Ал адам (Аскаров) руханий жактан кеселдеп калган –Абдулхановдун айтымында.

Ал өзү менен кошо ала келген “Эрк” демократиялык партиясынын лидери Салихтин жардырууга тикелей катыштыгы бар деген документтерди журналисттерге көрсөткөн.

Бул жолугушуу эмне себептен уюштурулду? Коопсуздук кызматынын максаты эмне? деген түкшөмөл суроолорго эксперттер жооп издөөдө. Айрым байкоочулар Өзбекстан абактарындагы адам укуктарынын тебелениши жөнүндөгү эл аралык уюмдардын айып тагуусун сыртка кагып, чет элдик маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлбөгөндүгүн “көрсөтмө курал” катарында пайдалануну көздөгөн жолугушуунун бири деген божомолдорду айтууда.

ӨЗБЕКСТАНДА “ЖАҢЫ” ЭКИ САЯСИЙ ПАРТИЯ КАТТАЛАТ

Аманбек Дилденбай, Прага Учурда Өзбекстанда юстиция министрлигинин каттосунан өткөн төрт саясий партия бар. Келээрки жылы болуучу өзбек парламентинин шайлоосуна расмий каттоодон бир жыл мурда өткөн саясий партиялар гана катышууга укуктуу. Өткөн аптада Ташкентте “жаңы” эки саясий партия курултай өткөрүп, расмий каттоо өтүнүчү менен өзбек юстиция министрлигине кайрылышты.

Өзбекстандын парламентине шайлоо келээрки жылдын декабрь айында өтүүсү болжолдонууда. Өлкөнүн шайлоо тууралуу мыйзамына ылайык, Өзбекстандын юстиция министрлигинин каттоосунан бир жыл мурда өткөн партиялар гана парламенттик шайлоодо талапкерлерин койууга мүмкүнчүлүгү бар. Жакында Ташкентте “жаңы” саясий эки партия курултай өткөрүп, Өзбекстандын юстиция министрлигинен расмий каттоо өтүнүчү менен кайрылышты. Алар “Ишкерлер кыймылы - Либерал-демократтык партиясы” жана “Эркин дыйкан” партиясы.

Ташкенттеги айрым байкоочулар президент Ислам Каримовдун саясатын жактоочу партия гана расмий каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк ала алат, - деген пикирде.
“Ишкерлер кыймылынын Либерал-демократтык партиясынын” өткөн аптадагы курултайына Каракалпакстандан жана өлкөнүн башка да аймактарынан 300гө жакын делегат катышып, партиянын уставын, программасын кабыл алышты. Партиянын төрагалыгына “Пахта банкынын” төрагасы 46 жаштагы Кабылжан Ташматовду шайлашты. Жаңы шайланган төрага Кабылжан Ташматов партиянын алдыга койгон максаты тууралуу буларды билдирди:

- Биздин максат - жалпы жамааттын биримдигин жана ынтымагын камсыз кылуу жана ар бир атуулдун, ар бир үй-бүлөнүн бакты-таалайы үчүн күрөшүү.

Анын айтымында, “Либералдык демократиялык” партия ишкерлердин катмарынан түзүлгөн партия, бирок карапайым калктын кызыкчылыгын колдойт:

- Саясий күч катарында, биз ишкерликтин мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, келечекте теорияны сөз жүзүндө калтырбай иш жүзүнө ашырууга аракет жасайбыз. Ошондой эле коомдогу ар түрдүү катмардын кызыкчылыгын колдоп, алардын жаркын келечеги үчүн иш алып барабыз.”

Эгерде “Ишкерлер кыймылы - Либерал демократиялык партиясы” Юстиция министрлигинен каттоодон өтсө, анда ал Өзбекстандагы расмий таанылган саны боюнча бешинчи саясий партия болуп калат.

Ал эми “Эркин дыйкан” партиясы 1991-жылга чейин бир аз убакытка саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Өзбекстан эгемендүүлүктү алгандан кийин ишмердүүлүгүн токтоткон. Өзбекстандын айрым эксперттеринин билдиришинче, Нигора Хидаятова жетектеген “Эркин дыйкан” партиясы “авторитардык жол - эч бир жакшылыкка алып барбайт” деген ураан көтөрүп чыкты. Мунусу менен партия азыркы бийлик өкүлдөрүнө жага бербейт. Бул партия Юстиция министрлигине өзүн каттоодон өткөрүү тууралуу бир нече ирет кайрылганы менен, эч кандай майнап чыккан эмес. Анын үстүнө Хидаятова “шаар зыялыларынын” өкүлү болуп туруп, карапайым дыйкандарды кантип жетектейт, деген пикирлер айтылууда.

Демек канчалык аракет кылганы менен “Эркин дыйкан” партиясы расмий катталышы күмөн. Өзбекстандагы көз каранды эмес адистердин белгилешинче “Эркин дыйкан” партиясынан тышкары оппозициялык маанайдагы “Бирлик” жана “Эрк Демократиялык ” партиялары канчалык аракет кылганы менен Өзбекстан Юстиция министрлигинин каттоосунан алигиче өтпөй келет.

ТҮРКМӨНСТАН: БЫЛТЫР НИЯЗОВГО ЧЫН ЭЛЕ КОЛ САЛУУ АРАКЕТИ БОЛДУ БЕЛЕ, ЖЕ АЛ - ОЙДОН ЧЫГАРЫЛГАН ОКУЯБЫ?

Мындан бир жыл илгери түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракети делген чуулгандуу окуя болгон эле. Чын эле кол салуу аракети болгонбу, же расмий Ашгабат оппозицияны ойрон кылуу үчүн бул окуяны өзү эле ойлоп тапканбы? Бул суроого таасын жооп Түркмөнбашынын доорунда табылаары күмөн.

Мындан бир жыл илгери, ноябрдын 25инде, Түркмөнстандын ордо шаары Ашгабатка капсалаң түштү да калды. Бийликтердин маалымдашынча, дал ошол күнү эгемен Түркмөнстандын мамлекет башчысы Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салууга “дааган” кишилер чыккан экен. Бул окуя тууралуу кийинчерээк президент Ниязовдун өзү да саймедирлеп айтып берген:

- Таңкы саат жети болчу. Мен шаарды аралап келатсам, машинемдин артынан КамАЗ пайда болду да, ал жолду туурадан кесип туруп калды. МАИнин машинеси алиги КамАЗга жакын токтоду. Мен аларга анча этибар кылбай, ишиме кете бердим. Кийинчерээк мага ошондо ок атуулар болгонун кабардашты. КамАЗдагы жана башка БМВ менен дагы бир жеңил машинедеги кишилер чыга калышыптыр да, ок ачышкан экен.

Түркмөн бийлиги оппозицияны бул окуяга байланыштуу айыптап чыкты. Укук коргоочулардын айтымында, өлкөдө бери дегенде 200дөй киши камакка алынды, алардын 100дөн ашууну ар кыл түрмө жазасына кесилди. Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетин уюштургандар катары айыпталган төрт саясатчы - бир кезде өкмөттө ири кызматтарда иштеп, кийинчерээк оппозиция тарабына өткөндөр эле. Алардын бири – мурдагы айыл чарба министри Сапар Ыклымов, экинчиси - мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов. Өлкөнүн Анкарадагы мурдагы элчиси Нурмухаммед Ханамов менен улуттук банктын мурдагы жетекчиси Худайберды Оразов да “башкы уюштуруучулар” катары “кара тизмеге” алынган.

Бирок кол салуу окуясы тууралуу расмий бийлик өкүлдөрү айткан жоромолдор улам бири-бирине кайчы келип, деги мындай кол салуу аракетинин өзү жүзөгө ашырылды беле? – деген шектенүүнү да жаратты. АКШдагы Түндүк Каролина университетинин профессору Стивен Сэйбол:

- Менин оюмча, өзүм талдап көргөн жагдайларга караганда, Шихмурадов, Ыклымов же Оразовдор бул окуяны уюштурду деп айткан Ниязовдун сөзү ынаным туудурбайт, анткени бул кишилер бозгунда жүрүшкөн. Менимче, өлкөнүн ичиндеги эле кишилер, жакынкы кездерде коопсуздук министрлигиненби, ички иштер министрлигиненби, же айыл чарба министрлигиненби, айтор, кызматынан кеткен кимдир-бирөө муну жүзөгө ашыргандай.

Оппозиция лидерлеринин баары тең өздөрүнө карата коюлган расмий доону четке кагышкан. Бирок абактагы Борис Шихмурадовдун “бул кылмышты уюштурганын мойнуна алаары” тууралуу билдирүүсү былтыр 29-декабрда өкмөттүк сыналгыдан көрсөтүлдү. Түркмөн Жогорку соту Шихмурадовдон тышкары, бозгундагы Оразов менен Ханамовду да 25 жылдык абакка сыртынан кести. Быйыл январ айында дагы 17 киши ар кыл мөөнөткө абакка кесилишти.

Укук коргоочулар бул сот жараяндарын адилетсиз деп айыптап чыгышты. Адам укуктарын коргоо боюнча Эл аралык Хелсинки федерациясынын аткаруучу деректири Аарон Родес расмий Ашгабат уюштурган сот жараяны ишенимге эч татыбай турганын “Азаттыктын” кабарчысына мындай деп баса белгиледи:

- Бул жараяндын бүтүндөй сценарийи өтө көп маселе боюнча күмөн туудурат. Доого кабылгандардын кадыр-баркы сакталгандай укуктук адилет жараян камсыз кылынбагандай туюлат. Айыпталып жаткандарга адвокаттык коргоо камсыз кылындыбы? Бул сот жараяндары байкоочулар үчүн ачык болдубу? Деги сиз аларды соттогондор көз каранды эмес сот бийлигине ээ деп айта аласызбы? Мен антип айта албас элем.

Быйыл сентябрда Прага шаарында бозгунчулукта жүргөн түркмөн оппозиция лидерлери өздөрүнүн алгачкы биргелешкен жыйынын өткөрүп, авторитардык режимин орноткон Түркмөнбашыны кызматтан кетирүү зарылчылыгын талкуулашты. Алардын оюнча, бул милдет Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аркылуу эмес, тынч жолдор менен жүзөгө ашырылышы керек.

КАЗАКСТАНДЫК ЖУРНАЛИСТ ЕРМУРАД БАПИ ШАРТТУУ ТҮРДӨ БИР ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

Аманбек Дилденбай, Прага Оппозициялык маанайдагы журналист, “СолДАТ” гезитинин баш редактору Ермурад Бапини Алма аты шаарынын Медөө райондук соту шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарып, ага беш жылга журналисттик кесипте иштөөгө тыйуу салды. Укук коргоочулар сот өкүмүн сынга алууда.

Казакстандагы оппозициялык маанайдагы “СолДАТ” гезитинин баш редактору Ермурат Бапинин үстүнөн козголгон сот иши ноябрь айынын башында Алматы шаарынын Медөө райондук сотунда башталган. Бапиге Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексине ылайык “мыйзамга сыйбаган иш жүргүзгөн,” “бухгалтерлик эсеп-чотту бузган” жана “ишкананын салык төлөмүн жашырган,” деген үч кине коюлуп, кылмыш иши козголгон. Сотто Бапиге тагылган “мыйзамга сыйбаган иш жүргүзгөн” айыбы алынып салынды, бирок калган эки берене боюнча ал айыптуу деп табылды. Медөө райондук сотунун кызматкери Канат Сырлыбаевдин төрагалыгында өткөн сот жараяны аяктады. Сот Сырлыбаев Ермурад Бапини бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууга жана беш жылга журналисттик кесипте иштөөсүнө тыйуу салган өкүмүн угузду:

- Ермурат Бапи Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 218-беренесине ылайык “бухгалтерлик эсеп-чотту бузган” жана 222-беренедеги “ишкананын салык төлөмүн жашырган” айыбы үчүн 21800 теңге айып пулга жыгылат. Ал беш жылга чейин журналисттик кесипте иштөө укугунан ажыратылып, бир жыл шарттуу түрдө эркинен ажыратылат.

Айыпталуучу Ермурад Бапи соттун мындай чечимине каршы экенин жана анын үстүнөн козголгон кылмыш иши саясий тапшырма экенин “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда билдирди:

- Менин кылмышка баргандыгым жөнүндө тергөө ишинде да, соттун жүрүшүндө да далилденген жок. Бул - соттун саясий тапшырманы аткарып жатканын далилдейт.

Ушул жылдын август айында Казакстандын салык инспекциясы тарабынан финансылык тартип бузууларга жол берген деген кине коюлуп, Бапи жана ал жетектеген “СолДАТ” гезитинин иши токтотулган. Бапинин айтымында, сотко чейин эле бийлик тарабынан гезитти басмадан чыгарбоо үчүн бир нече ирет бут тосуулар болуп, гезит кабарчыларын коркутуп-үркүткөн окуялар болгон.

Казакстандын коомдук уюмдарынын ишмердүүлүгүн иликтеген Хайрулла Адам уулу Бапинин сот ишине байланыштуу буларга токтолду:

Бул сот саясий максатта, болочокто Ермурат Бапини парламенттик шайлоого катыштырбоо жана гезитти жабуу максатында жасалды.

Ал эми оппозициялык “Өрлөө” кыймылынын мурдакы төрагасы Сейдакмат Куттыкадам:

- Бул - жогорудан келген “заказ.” Кандай болгон күндө да президент ЕККУга бараар алдында Бапиге айып тагуу максатын көздөдү.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ушул айдын аягында Венага бараары жана ЕККУнун өкүлдөрү менен жолугушуп, Казакстандагы адам укуктарына байланыштуу маселелер тууралуу талкууга катышаары болжолдонууда. Ошондо Казакстандагы басма сөздүн абалы жана журналисттерди куугунтуктоо жөнүндө сөз болот дешет айрым байкоочулар.
Айып тагылып соттолгон мурдакы “СолДАТ” гезитинин баш редактору Ермурат Бапи Казак бийлигинин сөз эркиндигине, адам укуктарына жасаган мамилеси тууралуу:

- Акежан Кажегелдин, Галимжан Жакиянов, Сергей Дувановдун сотунан кийин өз баштарына дагы убайым таап албайлы деп, бийликтер мага шарттуу түрдө айып тагышты.

Ермурат Бапи 1999-жылдары Казакстан Республикасынын министрлер кабинетинин маалымат катчысы болуп иштеген. Андан соң оппозициялык маанайдагы “СолДАТ” гезитин түзүп, Казакстанда демократиялык түзүлүштү жактоочу катарында өлкөдөгү көйгөйлүү кырдаалдарды, коррупция, паракорлук, Казакстан бийлигинин мыйзамсыз иштерин сындап, макалаларын басма беттерине байма-бай чагылдырып келген.

КАЗАК ЖУРНАЛИСТИ БИР ЖЫЛГА ШАРТТУУ КЕСИЛДИ

Дүйшөмбүдө Алматы шаарынын Медөө райондук соту “СолДат” аттуу эркин гезиттин баш редактору Эрмурат Бапинин иши боюнча өкүмүн чыгарып, аны жазасын өтөөнү кечеңдетүү шарты менен бир жылга эркинен ажыратты. Эркин журналисттер бул өкүмдү саясий куугунтук катары кабылдаарын айтышууда. Ал эми Бапи мырзанын адвокаты жогорку сот бийликтерине бул өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылууга ниеттенип жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Дүйшөмбү күнү Алматынын Медөө райондук соту эркин журналист, “СолДат” гезитинин баш редактору Эрмурат Бапинин үстүнөн козголгон сот ишин аяктап, ага тагылган үч башка доонун бирөөн, тагыраак айтканда, мыйзамсыз иш-аракет менен алектенген деген доону далили жетишсиз деп, бирок башка эки доо боюнча Бапи мырзаны айыптуу деп тапты. Алар - салык төлөөдөн качуу жана эсеп маалыматтарын атайылап бурмалаган деген доолор болчу.

Сот жараянында төрагалык кылган Канат Сырлыбаев журналист Эрмурат Бапи шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратылаарын, ага беш жылга чейин журналисттик кесипти аркалоого тыйуу салынаарын, ошондой эле Бапи мырза 21 миң 800 теңге айыппул төлөөгө милдеттендирилээрин жарыя кылды. Андан тышкары, сот жараяны үчүн жумшалган 112 миң теңге Бапи мырзадан өндүрүлмөкчү, - деди сот К.Сырлыбаев.

Ал эми Бапи мырзанын коргоочусу, Алматы шаардык адвокаттар уюмунун мүчөсү Мустахим Төлеев журналист сот өкүмүнө макул эместигин, эми ага карата тийешелүү кадам жасалаарын билдирди:

- Биз соттун мындай чечими менен келишпейбиз. Эми мен Бапинин өзү менен кеңешип, келечекте кандай багытта иш алып бараарыбызды аныктаган соң, тийешелүү чечимге келем.

Казакстандык укук коргоочулар райондук соттун өкүмүн эркин журналистке каршы саясий куугунтук чарасы катары айыптап чыгышты. Көз каранды эмес журналист Сейдакмет Куттыкадам “Азаттыкка” мындай деп билдирди:

- Бүгүн биз бир чоң шоуга күбө болдук, себеби Бапи тууралуу сот өкүмү чыкты. Менимче, бул сот ишиндеги доолор бүт жасалма. Соттун өзү айткан сөздүн да илип алаар эч жери жок. Баары – колдон жасалган. Бул – жогортодон келген заказ.

Бапи мырза өзүнө карата козголгон ишти мурда эле саясий жалаа катары баалап, өзүнүн актыгын айтып келген. Бапинин “Азаттыкка” билдиришинче, ал жалпысынан 17 жолу сот жообуна тартылып, бир да жолу өзүнүн актыгын далилдей алган эмес.

ТҮРКМӨН БИЙЛИГИ ОГО БЕТЕР КАТAAЛДАНУУДА

Нарын АЙЫП, Прага Жакында Түркмөнстанда эки жаңы мыйзам күчүнө кирди. Анын бири диний түзүлүштөр менен байланыштуу жана эгер ал ийгиликтүү ишке ашырылса, анда өлкөдө сунни мусулмандар менен ортодокс христиандардан башка диндер калбай калышы мүмкүн.

Түркмөн бийлиги мурда дагы диний түзүлүштөргө каршы чара көрүп келген. Мисал үчүн, каттоодон өтпөгөн диний уюмдардын аракетине мурда дагы тыюу салынган, бирок эрежени бузгандарга каршы административдик чаралар гана колдонулчу. Эми болсо, 1991-жылы кабыл алынган диний уюмдар тууралуу мыйзам толугу менен кайра жазылып чыкты жана президент Сапармурад Ниязов ага жакында аптада кол коюп, күчүнө киргизди. Аны менен катар өлкөнүн Кылмыш жобосуна да өзгөртүүлөр киргизилди жана эми дин жөнүндөгү мыйзамды бузгандар бир жылга чейин эркинен ажыратылышы же бир айлык маянадан 30 эсе көп айыпка тартылышы мүмкүн.

80-жылдарда СССРдеги тоталитаризмге каршы күрөшкөн диссиденттер тыюу салынбаган нерсенин баарына ачык коомдо уруксат берилүүгө тийиш деп келген. Түркмөнстанда болсо эми, тескерисинче, уруксат берилбеген нерсенин баарына тыюу салынууда. Вена шарында жайгашкан Адам укуктары боюнча Хелсинки федерациясынын аткаруучу деректири Аарон Родестин айтымында, мындай чара менен Түркмөнстан мурдагы советтик жумурияттардын арасында эң репрессивдүү болуп эсептелинген Беларус менен Өзбекстандын катарына кошулууда: "Түркмөнстан муну менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун алкагында диний эркиндикке мыйзамсыз чектөө салган өлкөлөр клубуна кошулду. Катталбаган диний аракеттерге мурда Өзбекстан менен Беларус гана тыюу салган".

Жаңы мыйзамга ылайык, кайсы бир диний уюм же кыймыл катталайын десе, анын жолун жолдогон кеминде 500 адам болууга тийиш. Бирок иш жүзүндө бийлик өкүлдөрү андай 500 жолдоочунун бир жерде жашаганын талап кылат, ошондуктан Түркмөнстанда азыркы сунни мусулмандар менен ортодокс христиандардан башка диний уюмдар кааласа дагы каттала албай турган абалга туш болууда.

Мурдагы чектөөлөргө карабай, өлкөдө шийи мусулмандары, иудаисттер, кришнаиттер, баптисттер, бахаилер жана башка диний агымдардын жолдоочулары бир топ эле өнүгүп келген жана өз таат-ибадаттарын алар жашыруун жүргүзчү. Бирок алардын аракеттерин мыйзамдуу жол менен токтото албаган түркмөн бийлиги эми кадимки эле авторитардык ыкма менен мыйзамды ого бетер катаалдантуу жолун тандап алды.

Анткен менен Жорж Соростун Ачык коом институтунун Түркмөнстан боюнча долбоорун жетектеген Эрика Дейлинин айтымында, түркмөн бийлиги жалаң эле диний уюмдарга каршы эмес, деги эле бардык өкмөттүк эмес уюмдарга каршы жапырт аракет көрүүдө: "Белгилеп кетчү нерсе, дин жана диний уюмдар тууралуу жаңы мыйзам менен удаа бейөкмөт уюмдар жөнүндө дагы жаңы мыйзам кабыл алынды. Экөөнүн тең мазмуну жана максаты бирдей. Диний болобу, диний эмеспи, коом арасындагы бардык өкмөттүк эмес аракеттерге эми президент өзү жетектеген өкмөттүк көзөмөл орнотулат."

Мындай аракеттер өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу шылтоосу менен жасалууда. Түркмөн бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, сырттан белгисиз окуу жайларында билим алымыш болуп келген кээ бир адамдар Түркмөнстанга кайтып келип, коомго бүлүк салууда. Чет өлкөлүк тажрыйба же эл аралык өнүгүүдөн мурда Түркмөнбашы үчүн кебелбеген туруктуулук артык.

“ЭРК” ПАРТИЯСЫ ӨЗБЕКСТАНДА ДЕМОКРАТИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЛУШУН ЭҢСЕЙТ

Ушул аптанын шаршембисинде Ташкенде адаттан тыш окуя болду – расмий бийликтер “мыйзамсыз” санап, куугунтукка алган “Эрк” партиясынын мүчөлөрү ордо шаарда ачыктан-ачык курултай өткөрдү. Балким, расмий Ташкен секулярдык оппозицияга карата маанайын өзгөртүп жатпасын? Же бул кезектеги “мышык-чычкан” оюнубу?

Советтер Бирдиги ыдыраган тапта Өзбекстанда да демократиялык күчтөр кыйла жигердүү болуп, бир катар уюмдарды түзүшкөн. Алардын таасирдүүлөрүнүн бири – “Эрк” партиясы эле. Советтер ойрон болгон соң партия расмий каттоодон өткөн. Партиянын жетекчиси, белгилүү акын Мухаммед Салих 1991-жылы президенттикке талапкер катары Ислам Каримов менен атаандашып чыккан. Ал эми 1992-жылы Кыргызстанда ар кандай оппозициячыл уюмдар эркин иш жүргүзүп, Алатоо аянтында алар каалашынча демонстрация уюштуруп жүргөн чакта, Өзбекстанда студенттик кыймыл айоосуз басылган. Ошол кезден тартып “Эрк” партиясы да куугунтукка алына баштаган.

Октябрдын 22синде Ташкенде “Эрк” партиясынын бери дегенде 80дей мүчөсү өткөргөн 5-курултай партиянын өлкөдөгү он бир жылдан берки алгачкы жолу ачык уюштурулган курултайы болду. Ушул тапта Европада бозгунчулукта жүргөн Мухаммед Салих неге бул курултайды Ташкенде өткөрүүгө мүмкүн болгонун мындайча түшүндүрөт:

- Бир жагынан, өзбек өкмөтү өзүнүн эски тажрыйбасынан эл аралык уюмдардын кысымы астында кайтууга мажбур болду. Экинчиден, оппозиция да күтө берип чарчап, эми өз укуктарын ачыктан-ачык коргоо үчүн бел байлады. Бул иш-чара ушул эки жагдайдын мөмөсү болду.

Бул сөздөрдү айткан Мухаммед Салих, албетте, курултайга келе алган жок, бирок аны жетекчи органга – Кеңешке мүчө кылып сыртынан шайлашты. Азырынча 21 мүчөсү бар Кеңеш эми жакын арада өз ичинен жетекчини шайлап алмакчы. Мурдагы “партиянын төрагасы” жана “баш катчысы” деген кызматтар жоюлуп, эми уюмдун жетекчисин тек гана “партия лидери” деп атамакчы болушту.
Айтмакчы, курултайга чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү да байкоочу болуп катышты. Бул жагдай делегаттарга коопсуздук күчтөрү тымызын даярдагандыгы жоромол кылынган ири чатактан тынч жол менен чыгууга мүмкүндүк берген кошумча жагдай болду.

Тээ 1995-жылы эле өкмөттүк сыналгы аркылуу элге чыгып сүйлөп, “”Эрк” партиясынын мүчөлүгүнөн баш тартканын айткан жана “Эркчилердин” буга чейинки төрагасы Мухаммед Салихти “террорчу” деп айыптап жүргөн Самат Мурат аттуу киши 20дай жан-жөкөрүн ээрчитип курултай өтүп жаткан жайга келди да, өзүн партиянын башчысы деп атап, трибунаны талашып, зал менен трибунанын ортосуна жөкөрлөрүн тизип койду. Самат Мурат трибунага чыгып алып, Мухаммад Салихти дагы бир жолу “террорчу” деп айыптады, өзүн тынчытууга аракеттенген жыйын төрагасына “бул – диктатордук!” деп кыйкырып, ага ээ берген жок.

Жыйынды башкарып жаткан саясатчы - “Эрк” партиясынын буга чейинки Баш катчысы Атаназар Арипов партиялаштарын провокацияга алдырбоого, тополоңго, мушташка жол бербөөгө, өз орундарында кала берүүгө чакырды.

Арипов мырза “Мухаммад Салихти сыйлаган делегаттар башка жайга кетели” деген сунушту айткан соң, тополоң кылгысы келген чакан топтон башкалары Өзбекстандын көзү азиздер коомунун маданият сарайынын башка, чаканыраак залына көчүп, курултайды соңуна чыгарышты.

Курултайда “эркчилер” мыйзамдуу жол менен бийлик үчүн күрөшүү - өздөрүнүн башкы мүдөөсү бойдон кала берээрин тастыкташты. Бул тууралуу партиянын жаңы Кеңешинин мүчөсү Атаназар Арипов “Азаттыктын” кабарчысы Брюс Панниерге мындай деп билдирди:

- Биз бардык деңгээлдеги шайлоолорго – жергиликтүү кеңештерден тартып президенттик шайлоого чейин катышкыбыз келет.

Арипов мырзанын айтымында, “эркчилер” өткөн айда өлкөнүн юстиция министрлигине кайрылып, партиянын катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн 1993-жылы жокко чыгарылгандыгы жөнүндө расмий чечимдин көчүрмөсүн берүүнү суранышкан, бирок алигиче бул көчүрмө бериле элек. Арипов министрлик “Эрктин” ишмердүүлүгүнө тыйуу салуу тууралуу мындай токтомду чыгарбаса деле керек деп санайт:

- Биздин ишенимибизде, ошол 1993-жылы юстиция министрлигинин коллегиясынын мындай жыйналышы өткөрүлгөн деле эмес болчу.

Кандай болсо да, расмий Ташкен “Эрк” партиясынын өкүлдөрү чогулган курултайга мурдагыдай өзгөчө катаал мамиле жасабагандыгы ойлондурбай койбойт. Мунун артында эмне тураары белгисиз. Өлкөгө саясий либералдаштыруунун эрте жазы башпаккан жатабы, же Өзбекстан өкмөтү Батыш коомчулугу үчүн көз будамайлаган кезектеги “мышык-чычкан” оюнуна беленденгенби, - дароо бүтүм чыгаруу кыйын. Айрым делегаттардын оюна караганда, Самат Мураттын «провокациячыл» деп алар баалаган аракети Өзбекстандын коопсуздук күчтөрүнүн майнапсыз аяктаган айла-амалына жатат.

Бирок өлкөдө өз оюн эркин билдирүүгө, керек болсо Каримовдун авторитардык бийлигине каршы нааразылык чараларын ачык жана мыйзам чегинде уюштурууга даяр турган атуулдар бар экендиги да “эркчилердин” курултайынын мисалында айгинеленип турат.

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ АКЧА КОНВЕРТАЦИЯСЫНЫН АНЫГЫНА ЖЕТҮҮ ҮЧҮН УБАКЫТ ТАЛАП КЫЛЫНАТ.

Өзбекстан жакында өлкөнүн улуттук валютасы - сум конвертацияланганын же аны башка чет элдик валюталарга алмашууда коюлган чектөөлөрдүн бир бөлүгү жоюлганын жарыялаган эле. Анткен менен бир катар эксперттер өзбек өкмөтү өз милдеттемелерин чындап аткарып, соода жаатындагы чектөөлөрүн жойбосо мындан көп деле натыйжа болбосун белгилешүүдө. Алардын пикиринде, өзбек өкмөтү сумдун алмашуу курсун соода үчүн эркин койо бергенин билүүгө убакыт талап кылынат.

Өзбек бийликтери өздөрү ырастагандай, быйылкы жылдын 15-октябрынан тартып сумду конвертациялоо жагынан коюлган чектөөлөрдүн бир бөлүгү гана жоюлду. Жаңы эреже адистердин тили менен айтканда "күндөлүк эсептер" же импорт, экспорт жаатындагы соода операциялары үчүн гана жайылтылат. Ал эми инвесторлор менен кредиторлор үчүн мурдагы эле тартип сакталып калды.

Эл аралык валюта кору баштаган каржы уюмдары расмий Ташкенди улуттук валютанын курсун эркин койо берүүгө ынандыруу үчүн көп жылдан бери аракеттенип келүүдө. Алар муну менен Өзбекстан гана экономикалык пайда таппастан, чөлкөмдүк сооданын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт деген пикирде. Өзбек бийликтери болсо, өз тарабынан сумдун толук конвертацияланышы анын тез нарксызданышына, андан соң инфляциянын өсүшүнө, импорттук товарлардын кымбатташына алып бараарын айтып келишти. Өзбекстандын Улуттук банкынын өкүлү Ибрагим Тоймаматов белгилегендей, ушул себептерден улам өкмөт валюталык чектөөлөрдү толук жойбой жатат. Анын айтымында, эгер өлкөнүн чет элдик валюта түрүндөгү резервдери кепилденгендей болуп айыл-чарбасынан жакшы түшүм жыйналса, өкмөт сумдун алмашуу курсун төмөндөтө алмак:

- Биз азыр алмашуу курсун көзөмөлдөп турушубуз керек. Эгер биз эркин койо берсек ,сум бат эле наркын жоготушу мүмкүн. Чынын айтканда бардыгы айыл-чарбасындагы быйылкы түшүмдүүлүккө жараша болот. Жогорку сапаттагы пахта буласы канчалык көп жыйналса, валютанын курсу ошончо төмөндөйт.

Ал эми Европадагы Өнүгүү жана реконструкция банкынын башкы экономисти Уильям Байтердин айтымында, сумду соода үчүн ковертациялоо Өзбекстандын глобалдык экономикага аралашуусундагы биринчи гана кадам:

- Күндөлүк эсептердин конвертациясыз глобалдык экономикага натыйжалуу аралашуу мүмкүн эмес. 25 миллион калкы болгону менен Өзбекстан глобалдык экономикадан караганда кичинекей эле.

Башка чет элдик байкоочулар сыяктуу эле Уильям Байтердин пикиринде да, өзбек бийликтери сумду чындап эле соода үчүн эркин конвертацияланган валютага айлантууну көздөп жатканын убакыт гана көргөзөт. Маселен алар сум соода үчүн эркин конвертацияланат деп айтканы менен валюта алмашууда курсту жасалма түрдө көтөрүп, соодага башка ыкмалар менен да жолтоо кыла бериши мүмкүн:

- Бул чындык экенин көрүш үчүн биз күтүшүбүз керек. Эгер бул чын болсо, Өзбекстан үчүн жакшы жаңылык. Эгер бул өзбек бийлигинин салтка айланып калгандай алдамчылыгы болсо, Өзбекстан үчүн жаман жаңылык.

Биздин радионун кабарчысы өткөн аптада Ташкендин базарларындагы соодагерлерди кепке тарткан учурда, алар валюталык режим либералдаштырылганы жөнүндөгү жарыядан улам кандайдыр бир өзгөрүү болооруна ишенкиребей турганын айтышты. Соодагерлер билдиришкендей, чек аралардын көпчүлүгү азыр деле жабык турат, импорттук товарлар үчүн баажы тарифтери өтө эле жогору.

ТАШКЕНТ АЯЛДАРДЫН АЙМАКТЫК ФОРУМУНА ДАЯРДАНУУДА

Айымкыз, Ташкент шаары 2004-жылдын май айында Ташкент шаарында аялдар проблемаларын чечүү жолдоруна арналган аймактык форум өткөрүлмөкчү. Бул шерине эл аралык “Бээжин - 10” конференциясынын алдында өтөт.

“Бээжин - 10” жыйынынын өзү эмне? Бул конференция алгачкы ирет 1995-жылы Пекинде болуп өткөн жана дүйнөдөгү аялдардын көйгөйлөрүн талкуулап, чечүү жолдорун табууну өз алдына максат кылып койгон. Дүйнөнүн 95 мамлекетинен келген өкүлдөр дүйнө жүзүндөгү аялдардын ал-акыбалы, алардын коомдогу орду, кыскасы, 12 багыт боюнча проблемаларын козгошкон жана бул маселелерди ар бир мамлекет өзүнүн өкмөттүк программасына киргизип, аны чечүүнүн жолдорун көрсөтүүсү керек. Ошондой эле, өкмөттөр аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн эркектердики менен теңдештирүү боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл.

Акыркы жылдары кээ бир мамлекеттер тарабынан мындай конференциянын өткөрүлүшүнө каршы пикирлер да айтылып жүрөт. Алардын пикиринче, аялдардын проблемаларын үйрөнүп, өз алдынча көтөрүп чыгуу үчүн конференциянын өткөрүлүшү шарт эмес.

Маалыматтар боюнча, жакында Кыргызстандагы аялдардын мамлекеттик эмес уюмунун өкүлдөрү тарабынан Бишкек шаарында форум өткөрүлгөн. Аталган жыйындын өкүлдөрү Пекин конференциясынын жоюлушунун алдын алуу боюнча дүйнө аялдарына кайрылышкан жана жыйынга Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн барган өкүлдөр да өз проблемаларын ортого салышкан.

Өзбекстандагы өкмөттүк эмес “Иқбол” жаштар борборунун жетекчиси Нигора Гаппарова Бишкекте болуп өткөн аялдардын бейөкмөттүк уюмдарынын форумунда аялдардын чечүүчү органдарда иштөөсү керектиги, шайлоолорго жигердүү катышуусу тууралуу жана башка маселелерин ортого салгандыгын айтат.

Нигора Гаппарованын айтымында, Өзбекстанда аялдарды лидер даражасына көтөрүүдө көп тоскоолдуктар кездешет:

- Биз каалайбызбы, жокпу, бизде шайлоолордо белсемдүүлүк көрсөтүп, өз талапкердигин коймокчу болгон аялдарга кандайдыр бир анкета толтуртат. Мында биринчиден, бул аял үй-бүлөлүүбү же жокпу, балдары барбы деген суроо берилет. Турмушка чыга элек же ажырашкан аялдар мындайда сөзсүз көзгө көрүнгүс тоскоолдукка учурайт жана өзүнөн өзү четтетилип калат.

Маектешибиз Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринде да экономика маселесинде, жерге ээлик кылууда жана жеке мүлккө ээ болууда, кредит алууда аялдар өтө көп түйшүккө кабылып жатканын белгилейт.

Байкоочулар Тажикстанда көп аялдуулук, кыздарды эрте турмушка узатуу проблемалары байкалса, Түркмөнстанда өз алдынча, эркин пикирге ээ болгон аялдарга ар түрдүү кысымдардын көрсөтүлүп жатканын айтышат. Келээрки май айында Ташкентте жана андан соң дүйнөнүн 95 мамлекетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтө турган “Бээжин - 10” конференциясында аялдарга байланыштуу ушул сыяктуу проблемалар талкууга алынмакчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG