Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:29

Борбор Азия

ОРУСИЯДАГЫ ЖҮЗ МИҢДЕГЕН ТАЖИКТЕР ЖАҢЫ ПАСПОРТ АЛА ЭЛЕК

Кубат Оторбаев, Прага 1-январдан тартып Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттер – Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Орусиянын жарандары бир өлкөдөн экинчисине барыш үчүн чегарада эларалык паспорт көргөзүүгө тийиш. Мындай жаңы эреже азыр күнүмдүк көр оокаттын айынан Орусияда иштеп жүргөн Тажикстандык жүз миңдеген эмгек мигранттарынын жашоосун татаалдатат. Анткени алардын дээрлик 90 процентинин андай эларалык паспорттору жок.

Нарзуллох Ражабов Орусияда иштеп, жашоо-тирилигин түзөп жүргөн 600 миң тажиктин бири. Ал Санкт-Петербургдан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына берген интервьюсунда эларалык паспорт Орусияда басылып, чыгып жатат деген кабарды укканын, бирок анын өзүн көрө электигин айтты:

– Элдин азыр кызыкканы эле ушул – “паспорт каяктан чыгат экен?”, “ал канча турат болду экен?”, “аны алыш үчүн кандай документтерди топтош керек?” Мына ушул суроолордун баарына азырынча жооп уга элекпиз.

Тажикстандын өзүндө азыр андай эларалык паспорт бериле баштады. Ырасмий маалыматтар боюнча ушул тапта 50 миңдей адам жаңы паспорт алышты. Бирок айрым маалыматтар боюнча бир миллиондой тажиктер жыл сайын Орусияга барып, иштей турганынын эске алганда, бул көрсөткүч анча деле чоң эмес. Эгер өкмөт паспорт берүүнү ылдамдатпаса жазында абал татаалдашы ыктымал. Анткени күн жылый баштаганда акчанын айынан “койну кенен” Орусияны беттеп кете тургандардын саны арбыйт. Айрым маалыматтар боюнча 6 миллион калкы бар Тажикстандын элинин жарымы Орусияда иштеп жүргөндөр салып туруучу акчага таянып, турмушун жөндөйт экен.

Гавхар Жураева эмгек мигранттарынын укугун коргой турган өкмөттүк эмес уюмду жетектейт жана ал уюмдун кеңсеси Москвада жайгашкан. Анын айтымында жаңы паспорт тууралуу так маалыматтар алардын да колунда жок. “Бирок Орусиянын милициясы да ырайым кылып жатабы же буга анча көңүл бура элекпи – эч кимди “эларалык паспортуң жок экен” деп камап кое элек” дейт ал:

– Орусиядагы тажик мигранттарынын көбү жаңы паспортко кете турган чыгымдардан коркуп жатышат. Жаңы паспорт канча турат, ал качан бериле баштайт – муну эч ким айталбай жатат. Бизде да андай так маалыматтар жок, ошондуктан элге бир нерсе деп тыңгылыктуу жооп айталбай жатабыз. Бирок Москванын жана анын жака-белиндеги шаарчалардагы полиция кызматкерлери эч кимди камай элек. Кармады, камады деп да эч кимден угалекпиз, - дейт Гавхар Жураева айым.

Тажикстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Mухаммад Эгамзоддун маалыматы боюнча эмгек мигранттарын эларалык паспорт менен камсыз кылуу максатында январдын орто ченинен тартып Орусиянын жети шаарында атайын борборлор иштей баштайт. Анын айтымында Орусиянын аймагында буга чейин жашап келгендерди азыр эле эларалык паспорт ал деп эч ким кыйнабайт, анткени алардын каттоосу күзгө чейин жарактуу деп эсептелет.

Эларалык миграция уюмунун Дүйшөмбү шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Махмуд Надеринин айтымында жаңы паспорт алуу Орусиянын аймагында мыйзамсыз жашап, иштеп жүрүшкөн он миңдеген тажиктерге жаңы түйшүктөрдү алып келет:

– Көпчүлүк мигранттар мыйзамсыз жашап жүрүшөт. Алар Орусия федерациясынын аймагында каттоодон өткөн эмес. Качан алар бийликтерге кайрылганда алардан алгач “кайда катталгансың, документтериң жайындабы?” деген суроо беришет. Бул болсо жаңы паспорттун берилишин кечеңдетет. Бул аз келгенсип аларды Орусиянын аймагынан чыгарып салып, кайра Тажикстанга айдап жибериши мүмкүн.

Махмуд Надернин маалыматы боюнча эларалык паспорт Тажикстандын өзүндө 26 доллар турат. Бирок Орусияда иштеп, жашап жүргөндөр үчүн анын баасы 60 доллар экен. Эгер өлкөдө орточо айлык акы 4 долларга жакын экенин эске алганда – бул чоң эле сумма.

ӨЗБЕКСТАНДА БИЙЛИК ҮЧҮН ТЫМЫЗЫН КҮРӨШ КҮЧ АЛУУДА

Өзбек президенти Ислам Каримовтун начар ден соолугу жөнүндөгү имиштер көбөйгөн сайын, анын ордун басууну көздөп жаткан саясатчылардын ортосундагы тымызын күрөш күчөп жатат. Негизги таймаш өлкөнүн ички иштер министри менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси ортосунда жүрүүдө. Бул темага арналган макала жакында “Eurasia View” деген сайтта жарык көрдү.

Ички иштер министри Закир Алматов жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятовтун мамлекет башчынын креслосун ээлөө амбициялары күчтүү. Экөө тең Каримовтон кийнки эң кубаттуу саясатчылар болуп эсептелет. Иш жүзүндө Иноятов менен Алматов ар бири жакшы куралданган жеке армияга ээлик кылышат. Эки саясатчынын тең бизнес тармагына болгон таасири да күчтүү.

Президент Каримов олуттуу дарттан жабыркап жүрөт деген имиштер тараган сайын, анын мураскери жөнүндөгү маселе көбүрөөк көтөрүлө баштады. Ошол эле мезгилде расмий Ташкент мамлекет башчы куландан соо деп ырастап келатат. Көпчүлүк булактар Иноятов менен Алматовко башка саясатчыларга караганда артыкчылык беришет.
Коопсуздук кызматынын жетекчиси Ташкент шаарынын саясий кланынын өкүлү болуп эсептелет, министр Алматовту болсо самарканддык күчтөр колдошот.

Иноятов коопсуздук мекемесинин башына 1995-жылы келген. Анын жетекчилиги астында бул орган эски КГБнын ыкмаларын колдонуп, ислам радикализмине, бийликтин саясий оппоненттерине каршы күрөшкө карай багыт алган.
Алматов болсо министрдин кызматын 1991-жылы ээлеген. Ал президент Каримовтун саясий атаандаштарын жок кылуу же сүргүнгө айдоо аракеттеринде негизги ролдордун бирин ойногон.

Алматов кылмыштуулукту азайтуу кампаниясынын ийгилигинен кийин өзүнүн саясий дымагы жөнүндө ишарат берип, Каримовту бир топ бейпайга салган. Ошентип президент министрдин таасирин төмөндөтүү максатында коопсуздук кызматынын жетекчилигине Иноятовту дайындайт.

Өзбекстандагы саясий байкоочулар Иноятов Каримовтун ишеничтүү адамдарынын бири дешет. Улуттук коопсуздук кызматынын ыйгарымдары барган сайын кеңейтилүүдө. Жакында чегараларды кайтаруу жана бажы инспекциясы коопсуздук кызматынын карамагына өткөрүлүп берилди.

Бирок аналитиктер Каримовтун авторитардык системасы жакынкы жылдары кыйрап калышы ыктымал деп эскертишет.
Декабрда сүйлөгөн сөзүндө президент Өзбекстан макроэкономикалык стабилдүүлүккө жетишти, 5 жылдын ичинде элдин киршеси орто эсеп менен алганда 210 процентке өстү деп жарыялады. Мындай билдирүү мамлекет башчы реалдуулуктан алыс жашап калгандыгын далилдейт дешет байкоочулар.
Эларалык финанасылык корпорация, Дүйнөлүк банк даярдаган отчетто жергиликтүү бизнеске болгон инвестициялар соңку 3 жыл ичинде 50 процентке азайгандыгы айтылат.

Начар экономикалык кырдаалдан улам, элдин нааразылыгы күчөп, өзбектер бийликтин репрессияларынан коркуу сезиминен арылып жаткандай таасир калтыра башташты.
Ноябрда Кокон шаарында алты миңдей киши чогулуп, өкмөттүн салык жана соода саясатына нааразылыгын билдиришти.
Өткөн айда да өлкөнүн бир катар чөлкөмдөрүндө ушундай эле демонстрациялар өткөрүлдү.
Таң калычтуусу, тартип коргоо органдары бул акциялардын катышуучуларына салыштырмалуу жумшак мамиле жасашты. Мурдагыдай демонстранттарды күч менен таркатуу же камакка алуу байкалган жок, - деп жазат “Eurasia View”.

Уулу “диний экстремист” деген жалаа менен соттолгон эненин арманы

Амирбек Усманов, Прага Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюмунун маалыматы боюнча, Өзбекстанда 6 миңден ашуун ишеним жана абийир туткуну бар. Алардын көбү “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү же диний экстремист деп айыпталып соттолгон. Бейтарап байкоочулар менен укук коргоочулардын айтымында, динзарлар өкмөт көзөмөлүндөгү мечиттерден тыш жактарда диний ибадаттарды аткарышканы үчүн абакка салынган. Ыйман туткундарынын энелери жана зайыптары үй-бүлө камын жегенден тышкары, уул-күйөөлөрүн абактан бошотуу үчүн да жанын үрөп аракеттенүүгө мажбур.

-Үч келиним тең эч жерде иштешпейт. Алардын бирөө торт-морт жасап сатат. Калган экөө коңшулардын короосун шыпырып, кир-когун жууп жан багышат. Мен жалчыбаган пенсия алам: 17 миң сум.(17 доллар) Анын жарымын комуналдык тейлөөнү төлөбөгөнүм үчүн кармап калышат.

“Азаттыктын” кабарчысына арманын айтып, даттанган 57 жаштагы Саида апанын үч уулу тең камакта. Кенже эки уулу 1999-жылы Ташкенде болгон жардыруулардан кийин, туну болсо жазда Ташкенди жана Бухараны дүңгүрөткөн кандуу калабадан соң диний экстермист деп айыпталып, бардыгы 17 жылга кесилген.

Жазда улуу уулу жоголуп кеткенде, Сайида апа анын дарегин издеп, барбаган кеңсеси калган эмес. Үч аптадан кийин гана уулунун камакта экенин аныктаган.

Күч колдонуу органдарынын жарандарды үй-бүлөсүнө айтпай камап койуп, мыйзам бузуусу Өзбекстанда кеңири жайылган көрүнүшкө айланган. Адам укугу демилгеси бейөкмөт борборунун мүдүрү Сурат Икрамовдун кебине караганда:

-Адам укугун баарыдан мурда Ички иштер министрлиги, полиция жана прокурор бузат. Мыйзамга ылайык, кимдир бирөө кармалса, эки-үч сааттын ичинде анын ата-энеси же башка туугандарына кабар айтылууга тийиш. Андан кийин 3 күн же 72 саат аралыгында күмөн саналган иш такталып, шек түшкөн адамдын айбы аз да болсо ырасталса, ошондо гана камакка алуу жөнүндө өкүм чыгат.

Укук коргоочулардын ырасташынча, Сайида апага окшогон аялдардын көбү өз укуктарын билишпейт. Диний экстремист катары камалган жарандардын жакындарын, Сайида апа менен анын келиндери сыңары кара хижаб кийип жүрүшкөн аялдарды бийликтер жана иш берүүчүлөр жактыра беришпейт. Ошон үчүн алар чындык издеп, укук коргоочу уюмдарга кайрылышат. Сурат Икрамовдун айтымында:

-Абактагылардын энелери же зайыптары 99 процент учурда жардам сурап бизге кайрылышат. Көмөк сурап келгендерин ичинде түрмөдө жаткан адамдардын аталары же ага-инилери жокко эсе. Себеби, алар коркушат. Мен бир нече р кишиден сураганымда, алар коркконун ачык эле мойнуна алышкан. Алар бийликтер аялдарга эрекектерге караганда жумшак мамиле жасашат деп ойлошот.

Диний экстермист деген айып менен соттолгон жарандардын дээрлик баары мөөнөтүн толук отуруп чыгышат. 8-декбарь- Конституция күнүн утурлай президент Каримов мунапыс берген 9 миңдей адамдын тизмесине Сайида апанын “хизбут-тахрирчи” деп кесилген уулдары илинбеди:

-Менин балдарым камалгандан бери үч жолу мунапыс жарыяланды. Бир да уулума мунапыс берилбеди. Ички иштер министрлигине кайрылсам “уулдарыңыздын кылмышы оор болгондуктан, президенттен кечирим сурашы шарт” дешти. Алар жасабаган кылмышы үчүн кантип кечирим сурашат?

Сайида апа үчүн баарынан кыйыны, аталары тирүү түрүп, келечекке үмүтсүз карашкан неберелеринин суроосу:

-Алар өкмөттү жек көрүп чоңоюшууда. Алар менден аталары эмне үчүн абакта экенин сурашат. Бир күнү төрт жашар неберем: “Чоң эне, алар менин атамды түрмөдө кармашууда. Эми бизге эмне кылышмак болууда?” деп сурады. “Алар сага эч нерсе кылышпайт”, -десем, неберем:”Мен түрмөгө түшкөндү каалабайм,”- деди.

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАР КАТЫШТЫРЫЛГАН ЖОК

Бүгүн (жекшембиде) Өзбекстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында төмөнкү палатанын 120 орунунун ээлери аныкталууга тийиш. Президент Каримов жекшемби күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жана өзбек оппозициясын сынга алып, Украинадагы сыяктуу окуяларга жол берилбестигин билдирди. Өзбек оппозициячыл лидерлери жана эл аралык коомчулук бул шайлоону адилет жана калыс өтпөйт деп мурда эле сынга алган, анткени шайлоого катышуу укугу өкмөтчүл беш партияга гана берилген.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, шайлоочулардын 70 пайыздан ашууну келип добуш беришти. Көз карандысыз байкоочулар чыныгы көрсөткүч мындан алда канча аз экенин билдирүүдө. Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 33 гана пайызы келип берсе, шайлоо өткөрүлдү деп табылмак. Демек, расмий бийликтер бул шайлоо өттү деп бүтүм чыгара алат.

Бирок шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн жергиликтүү калктын өкүлдөрү «Азаттыкка» маалымдашты. Алардын бири – анжыяндык өзбек шайлоочусу өзү добуш берген шайлоо бекетинде жалаң гана эркектер добуш бергенин, алар бүт үй-бүлөсү үчүн бүллетендерди күргүштөтүп салышканын айтты:

- Бир дагы аял көрүнгөн жок. Мен өзүм 12 кишиге добуш бердим. 12 бүллетен үчүн чакыруу бердим эле, 12 кагазды колума карматышты.

Ал эми «Азаттыкка» жекшембидеги шайлоого чейинки өнөктүк тууралуу өз оюн айткан бир өзбек айым шайлоонун дурус өтүшүн камсыз кылуу үчүн Совет доорундагыдай убактылуу турмуш-тиричиликтик жагымдуу шарттар түзүлгөнүн сындады:

- Шайлоого ыраазы болушту. Эмне үчүн, билесизби? Шайлоонун шарапаты менен он күн бою электр жарыгы өчпөй, газ токтотулбай, чырагыбыз өчпөй турду. Бизге тээ Совет доорундагыдай түзүлүш элестеп кетти.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүн (шайлоо күнү) журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун кескин сынга алды.

Ал расмий Ташкент эми Жапония, Индия, Түштүк Азия сыяктуу чыгыш өлкөлөрүнүн демократиялык коомунун өрнөктөрүн эске ала баштаганын айтты:

- 1999-жылы жана андан мурдагы кезеңде биз негизинен Европага жана Батышка багыт алганбыз. Алардын өкүлдөрү демократиянын өздөрү үчүн ылайык болгондой үлгүсүнө таянуу менен бизге жол көрсөтүп, таңуулап же биздин жараянга баа бычуу үчүн өлкөбүзгө келип жүрүштү.

Президент Каримовдун оюнча, Кошмо Штаттар соңку президенттик шайлоо учурунда ЕККУну көзүнө илген да жок жана ЕККУ азыркы турумун түп-тамырынан реформалоого тийиш.

Өзбек мамлекет башчысы шайлоого катышуу укугунан ажыратылган оппозициячыл партияларды жана алардын жетекчилерин да сынга алды. Анын оюнча, өзүн оппозиция деп атаган «Эрк», «Бирлик» жана «Азат дыйкан» сыяктуу партияларды калк колдобойт:

- Кээ бирөөлөр бизди бир нерсеге үмүткөр болгон кайсы бир оппозициялык партияларды каттабай койду деп жөн жерден айың кеп айтып жатышат. Келгиле, бул маселеге объективдүү карайлы. Мына мен далилдеп бере алам. Эгерде сиз олуттуу оппозициячыл партия болсоңуз анын жөнү башка, бирок «Бирликтей» эмес. Бул уюм өзүн эчак эле жаманаттыга калтырган. Иш жүзүндө Өзбекстандын аймагында анын эч кандай таянычы жок. Мен коомдун ар кыл социалдык катмарларын эске алып жатам. Алардын эч таянычы жок!

Каримов мырза бозгундагы оппозициячыл саясатчылардын бири, «Эрк» партиясынын лидери Мухаммад Салихтин уулун талиптер менен кызматташ болчу деп айыптады.

Мухаммад Салих «Азаттык» үчүн курган маегинде бул айыптоолорду төгүнгө чыгарды. Анын оюнча, Каримовдун режими оппозициядан корккону үчүн оппозициячыл күчтөрдү куугунтукка алууда:

- Эгерде Өзбекстандын президенти айтып жаткандай чындап эле калк арасында биздин беделибиз жок болсо, анда бул өкмөт бизди шайлоого катыштыраар эле. Бул кадам аркылуу калк бизди шайлоо аркылуу баалап бермек. Добуш ала албай калып, шерменде болушубуз үчүн ал бизди бул шайлоого катыштыраар эле.

Бирок, дейт Салих, иштин жайы теңирдин тетирисинче. Каримовдун режими үчүн чыныгы оппозиция дагы эле коркунучтуу, дейт Салих мырза.

Ал 1991-жылы декабрда атаандаш талапкер катары президент Каримовго каршы чыккан. Куугунтуктоонун айынан өлкөдөн кетип, ушул тапта Европада бозгунда жүрөт.

Жекшембидеги шайлоого катышкан 500дөн ашуун талапкердин баары өкмөтчүл беш партиянын өкүлдөрү. Бул беш партиянын бири – Калк демократиялык партиясы бир кезде Ислам Каримов өзү жетектеген Өзбекстан коммунисттик партиясынын мураскору катары маалым. Патриоттук улуттук демократиялык партия, Адилет социал-демократиялык партиясы, Ишкерлердин либерал-демократиялык партиясы жана Улуттук кайра жаралуу партиясы деп аталган башка уюмдар да көз каранды эмес серепчилер тарабынан Каримовдун «чөнтөк партиялары» катары бааланууда.

Өзбекстанга салыштырмалуу, ага коңшу Кыргызстанда алдыдагы феврал айында өтө турган парламенттик шайлоо эл аралык коомчулукту чыныгы демократиялык өнөктүк болот ко деп үмүттөндүрүүдө.

ӨЗБЕК БИЙЛИГИ ДАГЫ БИР УЮМГА КАРШЫ КҮРӨШ ЖАРЫЯЛАДЫ

Кубат Оторбаев, Прага Акыркы 13 жылда өзбек бийлиги ваххабиттер, Өзбекстандын ислам кыймылы жана “Хизб ут-Тахрир” менен күрөшүп келди. Эми ырасмий Ташкен өлкөдөгү “Таблих жамааты” деген жашыруун уюмдун мүчөлөрүн диний экстермизмге жана террорго катышы бар деп камакка ала баштады. Бирок талдоочулар бул уюм өзбек бийлигинин каарына негизсиз эле калып, куугунтукка алынып жатканын белгилешет.

Жакында «Taблих жамааттын” сегиз мүчөсү Ташкен шаарында сот жообуна тартылышты. Акыркы алты айда иши активдүү делген Фергана өрөөнүндө бул уюмдун мүчөлөрүнүн үстүнөн да сот иштери өткөн.

Уюмдун өткөн жума күнү Ташкенде кесилген 8 мүчөсү июль-август айларында камакка алынышкан. Мамлекеттик айыптоочунун сотто айтканына караганда уюм 1998-жылы уюшулган жана анын максаты - Өзбекстандын азыркы бийлигине жихад жарыялап, исламга негизделген мамлекет куруу.

Активисттердин укуктарын колдоо тобунун төрагасы Сүрөт Икрамов айыпталып жаткандар тууралуу мындай дейт:

- Алар Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 244-беренеси боюнча айыпталып жатышат. Ага ылайык тыюу салынган уюмга мүчө болгондорду соттошот. Буга чейин бул берене менен “хизб ут-тахрирчилерди”, ваххабиттерди жана ушул эле “жамааттын” мүчөлөрүн жазалашкан. Бул ирет чиновниктер 159-беренени колдонушкан жок, ал берене – диний экстремизм жана конституциялык режимди төңкөрүш менен кулатуу деп аталат. Бийликтердин айтымында бул ирет соттолгондор “Жамааттын” ишин элге жайылтууга аракет кылышкан.

Соттолуп жаткандардын биринин бир тууганы Нурмурад Жумаев радионун Ташкен кызматына берген интервьюсунда жамааттын мүчөлөрү өз жолугушуусунда Куран окуп, хадиз жаттагандан тышкары саясат тууралуу бир ооз да сүйлөшчү эмес эле деди. Бирок өзбек бийликтери өлкөдө болгон кылмыштарга уюмдун тийешеси бар деген пикирде. Тура Мирзахожаев тергөөнүн кысымына чыдабай жасабаган күнөөсүн “жасадым” деп мойнуна алгандардын бири. Анын прокуратурага берген түшүнүк катында уюм быйыл март-апрелде Ташкен жана Бухарада болгон жардырууларды уюштурууга катышкан.

Тура минтип жазат: "Устатыбыз Фаррух жардырууларды ал тааныбаган адамдар уюштурганын айтты. Фаррух ошондой эле биз дават аркылуу мусулмандардын санын көбөйтүп, тынч жол менен ислам мамлекетин курса болот деди".

Феликс Корлей - кеңсеси Ослодо жайгашкан уюмдун жетекчиси. Ал “жамааттын” мүчөлөрүнүн соттолушун адам укуктарынын бузулушу катары баалайт жана анын пикиринде “Таблих жамаатынын” террордук уюм экенин далилдеген бир да факты жок:

Бийлик койгон айыптардын бири да азырынча далилдене элек. Чиновниктер айыпталып жаткандардан алынган жазмалар экстремисттик маанайда деп айтышат. Бирок ошол эле маалда “Taблихтин” мүчөлөрү болсо текстер кадимки мусулмандар колдонуучу жазылмалар болчу дешет.

Талдоочулар соттун бүтүмү жакында сүйлөгөн президент Каримовдун сөзүнөн кийин чыгарылган көрсөтмө чечим болушу ыктымал деп болжолдоп жатышат. Сентябрь айында Өзбекстандын мамлекет башчысы өлкөдө террордук жардыруулардын артында “Хизб ут-Тахрир” сыяктуу уюмдар турат деген болчу. “Эгер биз террорго каршы күрөшпөсөк ага окшогон уюмдар улам көбөйө берет” деп ага мисал катары “Таблих жамаатты” келтирген.

Камол Камилов - өкмөттүн дин иштери боюнча комитетинин өкүлү. Анын айтымында “Таблих жамааттын” иши мыйзамсыз болуп эсептелет:

- "Таблих жамаат” Өзбекстанда каттоодон өткөн эмес. Алардын иши ошондуктан мыйзамдарга каршы деп эсептелет.

Камилов дин жөнүндө 1998-жылы кабыл алынган мыйзамды бетке тутат. Ага ылайык өлкөнүн аймагында миссионердик кызматка жана ислам динин өз алдынча окутууга тыюу салынган. Бирок эларалык талдоочулар ал мыйзамдын адам укуктары боюнча эларалык нормаларга каршы келээрин белгилешет.

Өзбек бийлигинин үшүн алып жаткан "Taблих жамааты" деген эмне уюм? Аны 1920-жылдары исламдын 20-кылымдагы көрүнүктүү лидерлеринин бири Маулан Мухаммед Ильяс негиздеген. Бул уюмдун борбору азыр Бангладештин Дака шаарында.

“Таблих” араб сөзү жана ал “өткөрүп берүү” жана “берилүү, тартылуу” дегенди түшүндүрөт. Уюмдун мүчөлөрү болсо Алланын айткандарын ислам динин туткандарга жеткирүүнү башкы милдетибиз деп эсептешет.

Өзбекстандын ислам дини боюнча көрүнүктүү аалымы Шейх Мухаммед Содык Мухаммед Юсуф өлкөгө уюмдун идеологиясы тарай баштаганына 30 жыл болду дейт:

– “Таблих жамааттын” өкүлдөрү биринчи жолу Өзбекстанга 1975-жылы келген. Ал учурда Советтер союзунун Бангладештеги элчиси менен Дакадагы чиновниктер жакшы мамиледе эле. Ошондон улам бул уюмдун төрт мүчөсү виза алып, Ташкенге турист катары келишкен. Алар мейманканага токтобой эле, түз эле мечитке барып, намазга жыгылышкан жана “таблих” тууралуу түшүнүк беришкен. Алар Самаркан жана Бухара шаарларына да барышкан.

Уюмдун иши совет бийлиги кулаган соң кайра жанданды. Шейх Мухаммед Содык Мухаммед Юсуфтун айтымында “жамааттын” иши чынында эле миссионердик катары бааланып, өзбек мыйзамдарына каршы келип калышы ыктымал. Бирок Шейх уюмдун максаты тынчтыкты, коопсуздукту сактоо жана саясаттан алыс болуу деп кошумчалайт.

Талдоочулардын айтымында өзбек бийлиги өзүнүн саясий оппоненттеринин оозун басып болуп, эми ислам динин туткандарды душман санай баштады.

МОСКВАДА ТАЖИК ОППОЗИЦИЯСЫНЫН АНАБАШЫ КАРМАЛДЫ

Шайырбек Мукарамов, Прага .Оппозициялык маанайдагы Тажикстан демократиялык партиясынын лидери Мухаммадрузи Искандаров бейшемби күнү Москвада камакка алынды. Маалыматтарга караганда ал тажик бийликтеринин суроо-талабы менен кармалган. Тажикстандагы оппозициялык партиялар бул окуяны алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун ирегесинде атайын жасалган саясий мүнөздөгү гана иш экенин айтышууда.

Орусиянын ордо калаасында турган Тажикстандык журналист, оппозициялык “Чароги руз” гезитинин башкы редактору Додожон Атавуллаевдин жума күнү “Азаттыктын” кабарчысына билдиргенине караганда Искандаров ага түн бир оокумда телефон чалып, өзүнүн камакка алынганын кабарлаган.

Түнкү саат экилерде Искандаров мага телефон чалып, камакка алынганын, шаардын бир милиция бөлүмүндө турганын, ага бир жолу телефон чалууга уруксат беришкенин айтты.Ошондой эле ал Москвада тажик бийликтеринин суроо-талабы менен кармалганын жана өзүнө “мыйзамсыз куралчан топту түзүү”, “курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо” сыяктуу айыптар тагылып жатканын кошумчалады.


Мухаммадрузи Искандаров ушул жылдын август айынан бери Москва шаарында жашап келген. Буга дейре ал Тажикстандын газ компаниясын жетектеп, бир жыл мурда андан бошотулган эле. Ошол учурда аталган ишкананын үстүнөн кылмыш иши козголуп, бирок Искандаровдун жеке өзүнө эч кандай айып тагылган эмес.
Ал эми Искандаров Москвага көчүп кетишин үй-бүлөлүк шартына гана байланыштырган.

Жума күнү Тажикстандын башкы прокурору Бабажон Бабаханов “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде анын камалганын мындайча ырастады.

Бул чындык, бирок анын ким тарабынан жана эмне үчүн камалганын баары такталгандан кийин гана айта алабыз.Азыр анын камалганы чын экенин гана тастыктай алабыз.


Бул окуядан соң Тажикстандын демократиялык партиясынын башкармалыгы чукул жыйын чакырып, партиянын төрагасы Искандаровдун камалышын адилетсиз иш катары айыптап, аны саясий иш-чара деп белгиледи.Ошондой эле Тажикстан менен Орусия президенттерин бул иште адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды сактоого чакырды. Бул тууралуу аталган партиянын аппарат башчысы Рахматулла Валиевди уксак.

Партиянын курултайынын жана парламенттик шайлоонун алдында Искандаровдун камалышы – бул толук түрдө саясий мүнөздөгү иш экенин дагы бир жолу далилдейт. Партиянын башкармалыгы бул окуяны айыптоо менен тажик бийликтеринен оппозиция өкүлдөрүн кысмакка алууну токтотууну талап кылат.Ошондой эле биз орус өкмөтүнөн тажик оппозициясынын лидерине бул өлкө кол койгон адам укуктары боюнча эл аралык конвенциянын негиздерине ылайык мамиле жасалуусун талап кылабыз


Аталган партиянын мындай талаптарын Тажикстандын оппозициялык маанайдагы башка партиялары да колдошоорун билдирди.

Тажикстандын социалисттик партиясынын төрага орун басары Амният Абдуназаров да бул окуя саясий мүнөздө гана жасалган деген ойдо.

Бийлик жакындап калган шайлоолорго Искандаровду катыштырбоо максатында гана ушундай кадамга барды жана мындай аракети менен оппозициянын башка өкүлдөрүн да коркутуп коюуну көздөп жатса керек


Тажикстандын демократиялык партиясы 17- декабрда курултай өткөрүп, 2006-жылы өтө турган президенттик шайлоого партиянын төрагасы Мухамадрузи Искандаровду талапкер катары алып чыгууну болжоп жаткан.

ӨЗБЕКСТАНДА АЯЛДАРДЫН САЯСАТТАГЫ ОРДУ КАНДАЙ?

Шайырбек Мукарамов, Прага 26-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт. Өлкөнүн оңдоп-түзөөтүүлөр киргизилген шайлоо мыйзамына ылайык парламентик шайлоого катышкан талапкерлердин 30 пайызын аялдар түзүүгө тийиш.

Талапкерлерди каттоонун жыйынтыгында шайлоого катышчу беш партия тең бул талапты аткарганы белгилүү болду. Бирок, айрым эксперттер менен байкоочулар аял талапкерлер шайланып калса алар өлкө саясатында олуттуу өзгөрүүлөрдү жасап жиберишине ишене бербейт.

Шайлоо күнүнө бир ай калганда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Сайора Хожаева парламент депутаттыгы үчүн катталган талапкерлердин 31 жарым пайызын аялдар түзөөрүн жарыялады

Либерал-демократиялык партиясынын 32.7, Өзбекстан Улуттук Демократиялык партиясынын 30.5, «Фидокарлар» партиясынан 32.5, Улуттук өнүгүү партиясынын 32.7 пайыз талапкерлери аялдар. Мындан «Адолат» партиясы эң көп көрсөткүчкө жетишип, бул партиядан катталган аял талапкерлер 36.1 пайызды түздү.

Минтип аялдарга мыйзамдуу түрдө атайын орун бөлүнүшү ар кандай пикирлерди пайда кылууда. Байкоочулардын айтымында, өзбек бийликтери муну гендер саясатындагы жетишкен ийгилик катары баалоодо.
Өзбекстандагы ишкер аялдар ассоциациясынын жетекчиси Дилдора Алимбекова мындай саясат азыркы учурда абдан зарыл деп эсептейт.

Албетте, азыркы өткөөл мезгилде мындай жөрөлгө абдан зарыл. Экономикалык реформалар ишке ашып, коом толук демократиялашкан учурда балким бул нерсе маанисин жоготор. Бирок, азыркыдай шартта аялдарга карата мындай саясат жүргүзүү өтө зарыл.

Ал эми Ташкендеги «Аялдар ресурстук борборунун» башчысы Марфия Токтохожаева муну формалдуулук деп эсептейт:

- Бул орун өзбек бийликтери аялдарды басмырлоонун бардык түрүн жоюу боюнча эл аралык конвенцияга кол койгону үчүн гана берилип отурат. Аталган документте аялдардын саясатка көбүрөөк аралашуусу да белгиленген. Мындай саясат эл аралык коомчулуктцн алдында “биз аялдарды урматтайбыз, карагылачы, бизде канча аял депутат бар” деп актаныш үчүн гана жасалып жаткандай. Бул жерде кеп алардын деңгээли жөнүндө болушу керек. Менимче көпчүлүк шайлоочулар болочоктогу депутат аялдарга, кала берсе, жаңы парламентке да анчейин ишеним артышпайт.

Ташкендик эркин социолог Бахадыр Мусаев болсо аялдарга отуз пайыздык орун берилгени менен аял талапкерлердин баары шайланып кетишинен күмөн санаган ойдо.

Бир жагынан алганда, бизде гендердик проблема болгон үчүн аялдарга 30 пайыздык орун берилип жатат. Бирок, бул жерде маселе аялдардын саясий мүмкүнчүлүгүндө. Биздеги элдик менталитет жана аялдарга болгон мамиле да маанилүү ролду ойноорун унутпашыбыз керек.


Мындай ойго кошулган Марфиа Токтохожаеванын пикиринде, өзбек коомунда аялдарга болгон эски стереотип абдан күчтүү. Көпчүлүк али аялдар адегенде үйдөгү өз милдетин аткарыш керек деген ойдон чыга элек. Ошону менен катар эле Токтохожаеванын айтымында, аял депутат болобу, эркек депутат болобу баары бир алар эч нерсени чече албайт

- Анткени бизде шайлоолор альтернативасыз өтөт. Аял шайланабы, эркек шайланабы баары бир алар эч нерсени чече албайт. Не дегенде депутаттык үчүн ат салышып жаткан аял талапкерлер кайсы бир партиянын атынан чыгууда. Ал партиялардын баары бийликтин чөнтөк партиялары. Алар жогортон эмне айтылса ошону гана жасайт, - деген пикирин билдирет Өзбекстандагы бейөкмөт уюмдун өкүлү Марфиа Токтохожаева

ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТИ МУНАПЫС ЖАРЫЯЛАДЫ

Айымкыз, Ташкент Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде эң жогорку өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Өзбекстан Борбордук Азиядагы өлүм жазасын колдонууну уланткан жана ага мораторий жарыялабаган бирден-бир мамлекет. Мамлекетте 8 эң оор кылмыштын түрүнө өлүм жазасы колдонулат.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде эң жогорку жаза болуп эсептелген өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Өзбекстан Борбордук Азиядагы өлүм жазасын колдоно турган же ага мораторий жарыялабаган бирден-бир мамлекет. Бүгүнкү күндө мамлекетте 8 эң оор кылмыштын түрүнө өлүм жазасы колдонулат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында «Социалдык пикир» борбору тарабынан Өзбекстандын 7 облусунда жана Каракалпак Республикасында 1200 респонденттин катышуусу менен суроо-жооп өткөрүлгөн. Бул суроо-жооптун натыйжалары тууралуу борбор:

- Өлкөнүн 78,2 пайызы эң оор кылмыш жасалган учурда гана өлүм жазасы колдонулушу керек деп эсептейт. Респонденттердин көпчүлүгүнүн пикиринче, эгер жасалган кылмыш өлүм жазасына ылайык болсо, анда бул адилеттүү жаза.

Өзбек Республикасынын кезектеги сессиясында өлкө президенти Ислам Каримов өлүм жазасынын колдонулушуна жеке өзүнүн каршы эмес экендигин, бирок элдин көпчүлүгү өлүм жазасын колдоп- кубаттай турганын билдирди:

- Өлүм жазасына каршылык билдирүү керек деп ойлойм. Бул менин жеке пикирим. Биз бүгүнкү күндө өлүм жазасын жок кылышыбыз же болбосо ага моратории жарыялашыбыз мүмкүн болчу. Бирок бул нерсе жеке менин каалоомо гана эмес, коомчулуктун пикирине да байланыштуу. Эрер суроо-жооп өткөрө турган болсоңуз, Өзбекстан элинин көпчүлүгү өлүм жазасын колдой турганын көрөсүз.

Психолог Дилбар Махмудованын пикиринче, өлкөдө көпчүлүктүн өлүм жазасын колдоп-кубатташында ислам дининин таасири эмес, балким өзбек элинин тарбияга, катуу колдукка талапташтыгы себеп боло алат. Ушундай жогорку жаза берүү аркылуу башка адамдарды тарбиялоону түшүнсө болот.

«Энелер кыйноолорго жана өлүм жазасына каршы» аттуу уюмдун төрайымы Тамара Чекунова:

- Бизде өлүм жазасына байланыштуу бардык маалыматтар сыр тутулат. Карапайым эл өлүм жазасына тартыла турган кишилер атуудан алдын жакын тууган-туушкандары менен учурашуу укугуна ээ эмес экендигин билишпейт. Ата-энелери жана жакындары анын кайсы жерге көмүлгөнүн да биле алышпайт.

Аталган уюмдун мүчөсү Майра Рахманованын сөзүнө караганда, Өзбекстан элинин көпчүлүгү өлүм жазасын колдойт деген чындыктан алыс. Мындай жалпы бир жыйынтыкка келүү үчүн мамлекеттик деңгээлде жалпы элдик суроо-жооп өткөрүү керек.

- Өлүм жазасын колдонуу керекпи же жокпу деген маселе телевидение, радио жана гезиттер аркылуу элдин бардык катмарына кабардалсын. Бардыгы дал шайлоолорго билдирген пикири сыяктуу бул маселе боюнча өз пикирлерин ачык айтышсын, - дейт «Энелер кыйноолорго жана өлүм жазасына каршы» уюмунун мүчөсү Майра Рахманова.

Өлкө президенти Олий Мажлистин 2004-жылдагы акыркы сессиясында Өзбекстан Республикасы Конституциясынын кабыл алынганына 12 жыл толушуна байланыштуу чыккан мунапыс тууралуу указга кеңири токтолуп өттү:

- Бүгүнкү күндө республика түрмөлөрүндө 45 миңден ашык киши жаза мөөнөтүн өтөөдө. Кабыл алынган ушул чечим менен 5040 кишини азаттыкка чыгарып отурабыз,- деп билдирди Ислам Каримов.

Көз карандысыз адам укуктары демилгечи тобунун төрагасы Сурат Икрамовдун оюнча, диний айып менен камалгандарды катуу байкоого алып, алардан президент наамына кечирим суроону талап этишүүдө. Бирок алардын көп бөлүгү менин пикиримче, «менин эч кандай айыбым жок, жасабаган ишиме кантип, эмне үчүн кечирим сурайм. Эгер кечирим сурасам, анда мен өзүм кылбаган кандайдыр бир айыпты мойнума алган болуп калам» деп, кечирим сурабай атышат.

КАЗАКСТАНДА “ЖАШ БӨРҮЛӨР” БИЙЛИККЕ КЕЛЕБИ?

Шайырбек Мукарамов, Прага шаары Жакында Нью-Йорктогу Колумбия университетинде өткөн конференцияда Борбор Азиядагы саясий кырдаал талкууланды. Жыйындын Казакстанга арналган бөлүгүндө казак оппозициясы Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү оппозициялык кыймылдарга караганда бир топ жандуу экени, ырасмий бийлик тарабынан басым-кысымга анча дуушар болбогону жана каржылык жактан көз каранды эместиги айтылды. Казакстандагы оппозициялык кыймылдын лидерлери негизинен “жаш бөрүлөр” деген атка конгон 40 жашка чейинки мурдагы чиновниктер менен ишкерлер экени, алардын көпчүлүгү президент Нурсултан Назарбаевдин канатынын астында өсүп, жетилгени тууралуу сөз болду. Казак оппозициясынын өкүлдөрү 2006-жылы боло турган президенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн бир талапкердин астына биригүү аракеттери көрүлүп жатканын айтышты.

Жыйындын катышуучуларынын белгилешинче Борбор Азиядагы эң чоң аймакты ээлеген, табигый кен байлыктарга, анын ичинде мунайга бай Казакстан оппозициялык маанайдагы саясий кыймылдарга да бай. Казакстандын оппозициясы Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү оппозициялык кыймылдарга караганда алда канча мыкты уюмдашкан жана аларга үлгү болорлук деңгээлде. Ошол эле учурда каражат жагынан да көз каранды эмес.

Казакстандын улуттук партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Амиржан Косановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өлкөдөгү түрдүү опппозициялык кыймылдар учурда 2006-жылы боло турган президенттик шайлоого бир талапкер чыгаруу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө:

- Казак оппозициясынын каржылык жактан көз карандысыздыгы бийликке коркунуч туудурууда. Азыр оппозиция алдыдагы президенттик шайлоодо бир гана талапкерди чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Оппозициянын биригиши казак бийликтерин туңгуюкка кептейт. Не дегенде ырасмий бийлик азыр эл арасында кадыр-баркы жоктугун, адилет жана калыс шайлоо алар үчүн өтө опурталдуу экенин жакшы түшүнөт.

Маскөөдөгү “Время новостей” басылмасынын талдоочусу Аркадий Дубновдун айтымында акыркы жылдарда өзүн чыңап, бутуна туруп алган Казакстандын экономикалык элитасы эми саясий күрөшкө чыгууну көздөшүүдө. Азыр оппозициялык кыймылдардын лидерлеринин көпчүлүгүнүн капчыгы калың. Алар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү оппозиялык кыймылдардан айырмаланып, чет өлкөлөрдүн каржылык колдоосуна муктаж эмес:

- Казакстандын оппозициясы биринчи кезекте “Акжол” партиясы сыяктуу “жаш бөрүлөрдөн” куралган. Алардын көпчүлүгү азыркы бийликтен чыккандар же президент Назарбаевдин канатынын астында өсүп жетилгендер. Алар экономикада өз үлүшүн алган соң, эми бийликке келүү максатында мыйзамдуу саясий күрөшкө чыгууну каалашууда.

Байкоочулардын айтымында аз күн мурда парламенттин мурдагы спикери Жармахан Туякбайдын Демократиялык күчтөрдүн коалициясына кошулушу менен казак оппозициясы дагы бир кубаттуу саясатчы менен толукталды.

Деген менен ал бийликтин бийик сересинен түшүп, оппозицияга кошулган биринчи адам эмес. 1994-97- жылдары өлкөнүн премьер-министри болуп турган Акежан Кажегелдин жакында Казакстандагы оппозициялык кыймылдарга ачык кат менен кайрылып, 2006-жылдагы президенттик шайлоодо бийликти алуу үчүн биригүү тууралуу чакырык таштады.

Амиржан Коссановдун айтымында Казакстандын элинин көпчүлүгү учурда оппозицияны президент Назарбаевге мыйзамдуу альтернатива катары көрүшөт. Бул нерсени да Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу артыкчылык катары баалоого болот. Казак оппозициясынын күчтүүлүгү негизинен мурда бийликтин бийик тепкичтеринде иштеген адамдардан куралганында. Бирок алардын алдында азыр бийликтин бардык бутагын мыкчып турган Назарбаев менен күрөшүү турат.

Ал эми Маскөөлүк талдоочу Аркадий Дубновдун белгилешине караганда Назарбаев учурда оппозиция күчтөнүп жатканына бир аз тынчы кетип турат. "Ал азыр Орусия президенти Путин ЮКОС мунай компаниясын кысмакка алгандай эле өз каршылаштарын саясий күрөшкө киргизбөө үчүн экономикалык кысым жасоо аракетинде",-дейт Аркадий Дубнов.

КАЗАК ОППОЗИЦИЯСЫ АЛМАТЫДАГЫ ЖАРДЫРУУГА ТИЙЕШЕСИ ЖОКТУГУН АЙТУУДА

Казакстанда ушул жекшембиде президент Назарбаевдин партиясынын баш кеңсесинде эки жарылуу болгон эле. Полиция жардыруу ээнбаштардын колунан келди деп болжолдоп жатат.

28-ноябрдын кечинде Алматыдагы эки катар жардыруудан жолдо бараткан бир киши жеңил жараат алды. "Отан" партиясынын төрагасынын орун басары Амангелди Ермегияев бул окуянын арты чуулгандуу болушу мүмкүн экендигин кыйытты. Ал эми аталган партиянын даражалуу мүчөсү Болатхан Тайжан "Азаттыктын" кабарчысына партиянын мындай карамүртөз кол салууга бара турган душмандары жок деп билдирди.

Алматы полициясынын башчысы генерал-майор Молдияр Оразалиев 200 грамм салмактагы жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн эки жабдык кеңсенин кире беришинде жардырылганын билдирди. Полиция иликтөө жүргүзүп жатат, жардыруу майда мыйзам бузуучулуктун натыйжасы деп болжолдонууда. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Ал эми “Отан” партиясынын даражалуу мүчөсү Болатхан Тайжан партиянын мындай кара мүртөздүккө бара турган душмандары жок экенин, ошол эле учурда мунун артында экстремисттик күчтөр болушун да четке кагууга болбостугун билдирди.

Казакстандын оппозиялык “Ак жол” партиясынын теңтөрагасы Булат Абилов бүгүн Астанада маалымат жыйынын өткөрүп "Отан" партиясынын кеңсесиндеги жардырууга оппозициялык күчтөрдүн тиешеси жоктугун билдирди.

ЧЕТ ЭЛДИК РАДИОНУ УГУУ - КЫЛМЫШПЫ?

Шайырбек Эркин уулу, Прага Өзбек атуулу Абдувахит Абдувахабовдун ишин караган Ташкен шаарына караштуу Сабыр Рахимов райондук соту аны «“Азаттык”, “Америка авазы” жана “Би-Би-Си” радиолорунун “диний экстремизмди жана жикчиликти үгүттөгөн берүүлөрүн үнтасмага жазуу менен эл арасына таратып, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө коркунуч туудурган» деп айыптап, жети жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Адам укугун коргоочулар менен айыпталуучунун жакындары сотто Абдувахитке тагылган айыптар далилденбегенин айтышууда.

Сот жараянына төрагалык кылган судья Асрор Сагатовдун сөзүнө караганда, Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Кува районунда туулган, 25 жаштагы Абдувахит Абдувахабов өз ынактары менен кылмыш жолуна түшүп, өлкөнүн констиутциялык түзүлүшүнө коркунуч туудурган. Коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке зыян келтирүүгө үгүттөгөн материалдарды тараткан. Ага диний-экстремисттик, сепаратисттик жана фундаменталдисттик уюмдарды түзүүгө катыштыгы жана вахабий диний агымына тиешеси бар деген да айып тагылган.

Абдувахиттин үстүнөн Ташкен шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү козгогон кылмыш ишинде ал 1997-жылдан тарта эларалык “Азаттык”, “Америка авазы” жана “Би-Би-Си” радиолорунун “диний экстремизмди жана жикчиликти үгүттөгөн берүүлөрүн үнтасмага жазып, эл арасына таратуу менен өлкөнүн саясатына каршы үгүт жүргүзгөн" деген доо да камтылган.
Ушул айыптардын негизинде 24-ноябрда сот Абдувахабовду жети жылга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарды.

Сот ишине байкоо жүргүзгөн укук коргоочулардын айтымында сот жараяны одоно түрдө мыйзам бузуулар менен коштолгон. Өзбекстандагы көз карандысыз укук коргоочулар тобунун башчысы Сурат Икрамов сотто айыпталуучуга коюлган күнөөлөрдүн бири да далилденбегенин айтат:

-Эч кандай далил жок. Коюлган айыптардын бири да ырасталган жок.

Укук коргоочунун айтымында сотто айыпкер эларалык радиолордун берүүлөрүн үн тасмага жазып, калк арасына тараткандыгы тууралуу коюлган айыпты далилдеген бир да үн тасма же башка даректүү маалыматтар болгон жок.

Абдувахиттин атасы Абдурахим Абдувахапов да сотто уулуна тагылган айыптар аныкталбаганын айтат:

-Уулума үч берене боюнча айып тагылган эле. Үчөөнүн бирөөсү да далилденген жок. Уулум тергөө учурунда да мындай айыптарды мойнуна алган эмес, сотто да алган жок. Себеби ал андай иштерди жасаган эмес. Жалган сүйлөгөндөн, Алладан корккондуктан ур-токмоктун астында да мындай иштерди жасабаганын айткан.

Ал эми соттун өкүмүнө нараазы болгон Абдувахит Абдувахабовдун коргоочусу “Азаттыктын” кабарчысына шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

БУУ ТҮРКМӨНСТАНГА БАЙЛАНЫШКАН РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛДЫ

Шайырбек Эркин уулу, Прага Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы “Түркмөнстандагы адам укуктары боюнча кырдаал тууралуу” резолюция кабыл алды. Анда өлкөдө кандай гана саясий оппозиция болбосун бийликтин басым-кысымына тушугаары, мыйзамсыз камоолор жана улуттук азчылыктарды басмырлоо көп экени айтылат.

Дүйнө коомчулугу Түркмөнстандагы адам укуктары боюнча абалды ушуну менен экинчи ирет айыптоодо. Бириккен Улуттар Уюму Түркмөнстанга байланышкан биринчи резолюцияны өткөн жылдын декабрында кабыл алган эле. Ачык коом институтунун Түркмөнстандагы программасынын башчысы Эрика Дейли жыл айланбай кабыл алынган экинчи резолюциянын биринчисинен айырмасына мындайча токтолот:

- Экинчи резолюция абдан кеңири жана конструктивдүү жазылган. Анда Түркмөн өкмөтүнүн адам укуктары жаатында жасап жаткан оң аракеттери да белгиленген. Ошол эле учурда өлкөдө адам укуктарынын ырааттуу бузулуп жатканы айыпталып, түркмөн бийликтерин эларалык коомчулук менен кызматташууга чакырат.

Дейли айым айтып өткөн оң аракеттер катары резолюцияда айрым диний уюмдарга каттоодон өтүүгө уруксат берилиши, “Иегова күбөлөрү” диний сектасынын аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн камалган бир канча мүчөлөрү түрмөдөн бошотулганы жана Сапармурат Ниязов эларалык байкоочуларын түркмөн түрмөлөрүндөгү абал менен таанышууга уруксат кылышы белгиленген.

Ушундай өзгөрүүлөрдөн улам Эрика Дейли айым президент Сапармурат Ниязов БУУнун талаптарын аткарууга аракет жасап жаткандай деген пикирде. Анын айтымында, ушул убакытка дейре эларалык уюмдардын башка усулдары пайда бербей келген. Эгер БУУнун ырасмий Ашхабадка ушундай басымынын натыйжасында адам укуктарына байланышкан абал жакшыра турган болсо мындай ыкманы улантуу керек

- Биз ар бир оң өзгөрүүнү терең сын көз менен кабылдоого мажбурбуз. Канткен менен Түркмөнстандын жетекчилери абдан ыплас оюн жасоодо. Алар күчтүү басымдан соң гана айрым тармактарда өзгөртүүлөрдү жасайт. Башка жаатта болсо абал баягыдай эле кала берет. Маселен, адам укуктарынын бузулушу кайра күчөөдө.

Ырасмий Ашхабад БУУнун бул резолюциясына өз мамилесин көпкө күттүрбөй, дароо эле билдирди. Түркмөнстандын тышкы иштер министри Решид Мередовдун пикири:

- Резолюция авторлору кандайдыр бир тастыктоочу факт же мисал келтире алган эмес. Биз Түркмөнстанда өз пикирин ачык айтканы же саясий, диний көз карашы үчүн эч ким, эч качан камакка алынбаганын ырастай алабыз.

Резолюциянын бир бөлүгү Түркмөнстанда жашаган орустарга жана орус тилдүү калкка багышталып, өлкөдө “Маяк” үналгысынын орус тилиндеги берүүлөрү уктурулбай калганына, орус тилдүү элдин укуктары тебеленип жатканына кабатырлык билдирилген. Бирок резолюция БУУда добушка коюлганда ага Орусия өкүлү бейтарап позициясын билдирди. Ал эми мындан мурдагы биринчи резолюцияга Орусия өкүлү колдоп добуш берген эле.

Резолюциянын долбоору Европа Кеңеши тарабынан иштелип, аны АКШ баштаган бир катар өлкөлөр колдоду. Аны БУУга мүчө 65 өлкө жактырса, 49 өлкө резолюцияны кабыл алууга каршы чыгышкан. Алардын арасында Иран, Кытай, Бирма, Пакистан, Түндүк Корея, Куба, Беларус жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр бар.

ӨЗБЕК ЖАНА ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БУХАРАДА ЖОЛУКТУ

Нарын АЙЫП, Прага 19-ноябрда өзбек жана түркмөн президенттери Өзбекстандын Бухара шаарында жолугуп, эки мамлекет ортосундагы достук жана кызматташуу келишимине кол койду. Суу байлыктарын биргелешип пайдалануу, чек ара маселелерин жөнгө салуу ыкмалары да жолугшуу учурунда талкууга алынды. Анткен менен эки президент ортосундагы мамилелер дале татаал бойдон калууда. Алар буга чейин мындай деңгээлде жолукпагандыгына төрт жылга айланды.

Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов Бухарага келгенде, президент Ислам Каримов ага белек катары Өзбекстанда өндүрүлгөн жеңил машине тартуу кылды. Ал эми Ниязов дароо ага отуруп, машинени өзү айдап көрдү. Канткен күндө да эки президент ортосундагы мамилелер бир кыйла татаал . Буга дейре алар бир-бирин бир топ катуу сынга алышкан.

Кимдир бирөө Каримовду бир кезде түркмөн ыкмасына салып "ата" деп атаганда, өзбек президенти аны катуу тыйып салган: "Силер мени 'ата', 'аталык' деп жатасыңар, жөнөкөй адамга карата минтип айтылса, ал кулакка жакшы угулат. Бирок бийлик жагынан алганда, тарыхты эстеш керек. Президентти 'аталык' деп атаса, андай өкмөттү демократиялык деп айта албайсың. Андай мамлекет хандык болуп калат. Биздин кээ бир кошуналар андай ыкмага өттү, анткени аны эл талап кылат экен. Аларда бардык маселени президент өзү чечет. Эмне үчүн? Аларда эмне, өкмөт жокпу?"

Ниязов дагы Каримовду өз кезегинде көп сындаган. 1996-жылы болсо Түркмөнстанда Экономикалык кызматташуу уюмунун жогорку деңгээлдеги жолушуусунда, Каримовдун учагы Ашгабат аэропортуна көпкө чейин кондурулбай койгон, ал эми башка президенттер саммитке эч тоскоолдуксуз келип конгон..

Эки коңшу өлкө ортосундагы мамиле 2002-жылдын ноябрынан тартып катуу бузулган. Президенттин өмүрүнө кол салуу болду деп түркмөн коопсуздук кызматы бир нече адамды кармаган. Көз узабай коопсуздук кызматкерлери Ашгабаттагы өзбек элчилигине да келип, анын имаратын тинткен. Түркмөнстандагы өзбек элчиси өлкөдөн кууп чыгарылган. Төңкөрүш аракетин өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов уюштурган деп жарыяланган.Ал эми ал кийин суракта Түркмөнстанга кошуна Өзбекстан аркылуу келгенин мойнуна алган.

Ниязов дароо өзбек жетекчилигин күнөөлөгөн: "Өзбек элин биз абдан урматтайбыз. Өзбек элин эч ким күнөөлөгөн жок. Бирок алардын жетекчилери террорчу Шихмурадовдун өлкөгө келишине жардам көрсөткөн. Анткен менен биз өзбектер менен кошуна катары жашайбыз жана алардын жетекчилери ката кетирсе дагы, биз өзбек эли менен жакшы мамиледе калабыз. Алар менен бир туугандай байланыштарды биз улантабыз".

Бир туугандай мамилелер эми расмий түрдө дагы бекитилди. Эки президент Бухара шаарында атайын келишимге кол койду. Ал документ - Өзбекстан менен Түркмөнстан ортосундагы достук, өз ара мамиле жана кызматташууну күчөтүү тууралуу келишим деп аталат. Андан тышкары, эки өкмөт ортосунда дагы эки келишим: - чек ара аймагында жашаган тургундардын мамлекеттик чек араны жеңилдетилген тартипте өтүүсүнө, чек ара аймагында жайгашкан ишканалардын кызматкерлери да чек арадан аталган келишимге ылайык жеңил тартипте кирип-чыгуусуна уруксат берет.

Суу байлыктары тууралуу да маселе талкууга алынганы менен, бул маселе боюнча эки жактуу оң келишим түзүлгөн жок, жагдай болсо бир кыйла оор. Түркмөнстан азыр чөлдө өтө ири суу сактагыч куруп жатат. Ага чек-арадагы Аму-Дарыядан суу алынса, Арал деңизинин абалы бир кыйла начарлап кетиши мүмкүн. Ашгабаттын айтымында чөлдөгү бул жаңы деңиздин Аму-Дарыяга эч тийешеси болбойт.

РУСЛАН ШАРИПОВ: "КЕЛЕЧЕКТЕ ДА ӨЗБЕКСТАНДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИ ҮЧҮН КҮРӨШӨМ"

Өзбекстандык журналист Руслан Шарипов былтыр түрмөгө кесилип, эларалык укук коргоочу уюмдардын кысымы астында коё берилип, жакында өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат алды. Ушу тапта АКШнын Калифорния штатында жашап жаткан журналист менен кабарчыбыз Брюс Паннье телефон акрылуу байланышып, бир нече суроо салды.

26 жаштагы Шариповго "жашы жетелек эркек бала менен жыныстык катнашта болду" деген айып тагылып, былтыр 5,5 жылга түрмөгө кесилген. Көп өтпөй өкүм 3 жылга чейин кыскартылган.

Быйыл Руслан "Гезиттердин дүйнөлүк ассоциациясы" ыйгарган “Алтын калем” сыйлыгына арзыган.

“Хьюман Райтс Уоч”, Журналисттерди коргоо комитети өңдүү абройлуу эларалык уюмдардын пикиринде, Шарипов Өзбекстанда тыюу салынган бачабаздыгы үчүн эмес, өзбек президенти Ислам Каримов башында турган бийликти сындагандыгы үчүн куугунтукталып келди.

-2001-жылдан тарта мен Россиянын ПРИМА агентигинин Өзбекстандагы кабарчысы болуп иштедим. Агенттик адам укуктары жана маалымат каражаттары жөнүндө көп жазчу. Менин макалаларымда негизинен милиция органдарынын мыйзам бузуулары, жогорку жетекчилик арасындагы паракорлук көп чагылдырылчу.

Шариповтун макалалары Интернеттеги ар кайсы сайттарда көбөйгөн сайын, ага жана калемдештерине карата кысым да күчөй баштаган.

Журналисттин айтымында, анын үйү 24 саат бою кайтарылчу. Белгисиз бирөөлөрдөн таяк жеп, ооруканага жеткирилген учур да болгон.

-2003-жылдын 26-майында мени кармап кетишти. Андан бир жума мурун кезектеги жолу коркутушуп, "Өзбекстандан кетпесең же жумушуңан ажырайсың же дагы бир балекетке кабыласың" деп эскертишкен. Айткандай эле 26-майда Ташкендин чак борборунда кармап кетишти. Тергөө жана соттун маалында мени коркуткан кишилер ички иштер министрлигинин терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери экенин билдим.

Анын адвокаты экстремисттик иш-аракеттерге аралашуу деген күнөө тагыш үчүн негиз жок экенин далилдей алды. Анда Шариповго жашы жете элек балдар менен бачабаздык же гомосексуалдык катнаш түздү деген жаңы айып тагылды.

Ал түрмөдө кыйноолорго туш болгонун эларалык уюмдар кабарлашкан эле. Шарипов бул маалыматтар чындыкка дал келет дейт:

-Противогаз кийгизип туруп, кебез же башка бир нерсени күйгүзүшчү. Ансыз да противогаз менен дем ала албайсың. Тегеренген бир темир жабдык менен да кыйнашты. Ал бат жылган сайын, ток уруп турчу. Анан да башыма целлофан мүшөк кийгизип коюшчу. Эмне кылгандарын айтсам, үрөйүңөр учат.

Күнөөсүн мойнуна алдыра албаган органдар соттун алдында тактикасын өзгөртүштү:

-Мени тумчуктуруп коёбуз же ВИЧ инфекциясын жугуздурабыз деп коркута башташты, дем кыстырган ар кандай ийне сайышты. 8-августта мен күнөөмдү моюнга алууга аргасыз болдум.

Быйыл жайында анын өкүмү өзгөртүлүп, калган мөөнөтү эки жылдык коомдук иштер менен алмаштырылган.

Бирок көп узабай Шариповго Өзбекстандан чыгып кетүүгө уруксат берилип, ал Казакстан аркылуу Москвага барып, ал жерден АКШга жол тартат. Октябрдын этегинде журналист Кошмо Штаттарынан башпаана алып, азыр Калифорнияда турат.

Келечекте да Өзбекстандагы адам укуктарын коргоп, сөз эркиндиги үчүн күрөшөм дейт Руслан Шарипов.

ӨЗБЕКСТАНДА МАҢЗАТТАРГА БЕРИЛГЕНДЕР АЗ ЭМЕС

Айымкыз, Ташкен Бүгүнкү күндүн эң олуттуу маселелеринин бири - бангилик. Маңзаттар - аны колдонгон кишиге гана эмес, анын үй-бүлөсүнө да терс таасирин тийгизет. Бул илдетке чалынып отургандар өзбекстандык жаштардын арасында да көп.

Маалыматтарга караганда, акыркы кезде Өзбекстанда маңзаттарды пайдалануучулардын саны барган сайын арбып барат. Бүгүнкү күндө мамлекетте 19 миң киши маңзат колдонсо, алардын 58,9 пайызы героинге көз каранды. Бангиликке кирип калганы тууралуу өзүн Саид деп тааныштырган бул жигит мындай дейт:

-Досумун туулган күнүнө барып ичтик. Мас болуп калгандан кийин мага героин салышкан. Үйгө келип эртең менен тургандан кийин бардык жерим какшап ооруду. Героинди андан кийин таштоого бир канча жолу аракет жасадым. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок. Бул илдеттен арылуу үчүн дарыланып да көрдүм. Героинди табыш мен үчүн эч кандай проблема эмес. Бир жолу телефон чалсам кайдан болсо да таап алып келип беришет. Көбүнчө Бекабаддан, Янгийулдан алып келип беришет.

Ташкен шаардык СПИД борборунун жетекчиси Собир Усмановдун билдиришинче, Борбордук Азия мамлекеттеринде маңзатты ийне жолу менен колдонуучу 400 миңге жакын баңги бар. Эгер алардын бардыгы бир жолку ийне менен камсыздалбаса, анда ийне аркылуу оору жугуза тургандардын саны мындан да көбөйөт:

-Борбор Азия мамлекеттеринин алдында турган чоң проблемалардын биринчиси - кайдадыр бир ийне жасап чыгара турган завод куруу керек. Экинчи маселе ар ким ар түрдүү усулда иштеп атат. Казактар бир усулда, кыргыздар бир усулда. Алар бардыгы бир максатты көздөгөнү менен ар бири өз чөнтөгүнө карата иштеп атат. Экономикалык жагдайы жакшы мамлекеттерде өкмөт акырындык менен бул маселени өз колуна ала баштаган. Экономикалык жагдайы начар болгон мамлекеттер, Казакстандан башка үч Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикалык жагдайы жакшы эмес. Алардын катарында Өзбекстан дагы бар.

Маектешибиз "реабилитация борборлорун түзүү керек. Маңзатты кабыл алууну убактылуу токтотууга мүмкүн, бирок физиологиялык оорудан чыгарып алуу мүмкүн эмес" дейт маектешибиз:

-Реабилитация борборун түзүү маселеси бизде да чечиле элек. Бул проблеманы чечпесек, өз алдынча же кимдир бирөөлөрдүн күчү менен дарыланууга аракет жасаган баңги бир-эки ай, узагы менен алты айдан кийин кайта өз калыбына түшүп калып атат.

КАЗАКСТАНДЫН УРАНЫНА КЫТАЙ КЫЗЫГА БАШТАДЫ

Шайырбек Эркин уулу, Прага Казакстан учурда уран өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээлейт. Жер жүзүндөгү уран корунун үчтөн бир бөлүгү да ушул өлкөдө. Соңку кездерде Казакстандын уранына коңшу Кытай кызыга баштады.

Өткөн жуманын соңунда Бээжинде Кытай мамлекеттик өзөктүк корпорациясы менен Казакстандын улуттук атом компаниясы “Узак мөөнөттөгү стратегиялык шериктештик” жана 2020-жылга чейинки кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

"Казакстандын улуттук атом компаниясы" Эларалык өзөктүк агенттиктин эсебинде уран өндүрүү боюнча дүйнө жүзүндө өткөн жылы төртүнчү орунга чыккан. Кытайдын өзөктүк корпорациясы менен болгон макулдашуу Казакстандын уран өндүрүү базарын өнүктүрөт деп эсептейт өлкөнүн "Улуттук атом компаниясынын" басма сөз катчысы Конокбай Саттаров:

- Бизде чийкизат кору жетиштүү. Азыр биз уран өндүрүү жагынан төртүнчү орунда турсак, акырындап компаниянын ички мүмкүндүктөрүн кеңейтип, 2010-жылга карай уран өндүрүү көлөмүн 15 миң тоннага жеткиребиз. Ал аркылуу биринчи орунга чыгууну болжоп жатабыз. Буга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Кытай менен өзөктүк жана атом тармагындагы келишим узак мөөнөттү камтып, 15-16 жылдын ичинде зор иштердин аткарылышы күтүлүп жатканын белгилеген Конакбай Саттаров ал кандай жумуштар экенин ачык айткан жок.

Ошону менен катар Саттаров кезинде Казакстан өзөктүк курал-жарактан өз эрки менен баш тартканы жакшы кадам катары бааланганын, мамлекет жетекчилиги азыр да ошол саясатынан тайбагандыгын, өндүрүлө турган өнүм бейпил максатка колдонулаарын билдирди.

Улуттук компания негизинен табигый уран, атомдук электр станцияларына арналган өзөктүк отун, тантал жана ушул сыяктууларды өндүрөт. Ал эми Кытай Казакстанда чыгарылган өнүмдү кандай максатта пайдаланышы мүмкүн? Бул суроонун тегерегинде кытайтаануучу аалым Камал Бурханов мындай дейт:

-Кытай чоң өзөктүк держава, Ал курал-жарак жагынан болобу, экономика же саясат жагынан болобу, дүйнөдө экинчи орундагы өлкө. Эгер биздин өнүмдү курал-жаракка колдоно турган болсо эларалык чоң проблемага айланышы мүмкүн.

Ал эми өзөктүк химиялык технологиялар менен жарылгыч заттар кафедрасынын башчысы Абу Меңилбаевдин пикиринде Кытай Казакстандан сатып алган өнүмдү кандай пайдаланса да ага казак тараптын тиешеси жок. Аны териштирүү үчүн атайын эларалык уюмдар бар.

Анын сөзүнө караганда дүйнөдөгү урандын үчтөн бир бөлүгү Казакстанда болсо аны эч кимге бербей жер астында катып жата берген да болбойт. Уран чыгаруудан мамлекет зор пайда табат.

Ошол эле учурда "уран өндүрүүнү көбөйтүү экологиялык зыян алып келбейби" деген да суроо туулууда. Бул суроого экологиялык талаптар сакталса уран кошундуларын өндүрүүдөн зыян жок деп жооп берди экология-экономика илимин изилдөө институнунун өзөктүк-химиялык технологиялар жана жарылгыч заттар кафедрасынын башчысы Абу Меңилбаев:

-Чийки заттан урандын кошулмалары алынат. Жакында Чиелидеги кен жайларын барып көрдүм. Ага жакын айылдардын калкына эч кандай зыяны жок, баары жакшы иштеп жатышат. Урандын кошунду түрүнүн эч кимге зыяны жок.

Ал эми эколог Мелис Елеусизов уранды ашыкча өндүрүүнүн Казакстан үчүн экологиялык залалдары болушу ыктымал деген пикирде:

-Бизде азыр жүздөн ашуун уран кендери бар. Алардын көпчүлүгү иштетилбей жатат. Бул абдан чоң маселе. Уранды чыгарган кезде чаң чыгып, аны менен бирге радиация абага тарайт. Анын адамдын ден соолугуна терс таасир этүү мүмкүнчүлүгү мол.

"Казакстандын улуттук атом компаниясынын" маалыматына караганда жакын арадагы жолугушуулардын биринде эки өлкө жетекчилери узак мөөнөттөгү кызматташуу тууралуу келишимге мамлекеттик деңгээлде кол коюшу күтүлүүдө.

КАЗАКСТАНДА БОРБОР АЗИЯЛЫК УЮШКАН ТОП КАРМАЛДЫ

11-ноябрда Казакстандын улуттук коопсуздук комитети "Ал-Каида" террористтик уюмуна тиешеси бар топтун бети ачылганын жарыялады. 13 казак жана өзбек жарандарынан турган ал уюм Өзбекстанда кандуу окуяларды уюштурууга камданып жаткан экен. "Борбор Азиядагы мужахединдер жамааты" деп аталган уюмдун эки жетекчисинин бири Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

Астанада өткөн маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Владимир Божко жаңыдан кармалган "Борбор Азиядагы мужахединдер жамаатынын" ишмердиги айгинелегендей, Казакстанда террорчул уюмдар өз аракетин тымызын жайылтып, өлкөнүн коопсуздугуна чындап коркунуч келтире баштаганын белгиледи.


Владимир Божко андан ары маалымдагандай, Казакстандын атайын кызматы "Ал-Каида" менен карым-катнашы бар бул уюмдун 13 мүчөсүн камакка алды. Алардын тогузу Казакстандын, төртөө коңшулаш Өзбекстандын жарандары экен.

Түштүк Казакстан облусунда кармалган дагы 4 аял – "Мужахединдер жамааты" тарабынан уюмдун чагымчыл ишмердигине азгырылып тартылган курмандыктар катары каралууда. Колго түшкөн мужахединдердин жанынан экстремисттик үндөө-чакырыктарга жыш толгон аудио-видеотасмалар, баракчалар, эң башкы "ал-каидачы" Осама бин Ладендин кайрылуусу, курал-жабдыктын түрлөрү, жардыргыч заттар жана жасалма документтер кармалган.

Баарынан да кызыгы, Борбор Азияда кармалган "Ал-Каиданын" алгачкы бутагы катары сыпатталган уюмдун эки жетекчисинин бири – Кыргызстандын жараны Жакшыбек Биймырзаев экени жарыяланды.

-Уюмду башкаруу иши чет өлкөдөн бул жердеги эки жетекчи аркылуу жүзөгө ашырылып турган. Алар - Өзбекстандын жараны Бекмурзаев Ахмед, ал жазында Ташкендеги теракттар маалында ок тийип өлгөн жана Кыргызстандын Талас облусунда туулуп өскөн Жакшыбек Биймурзаев болуп чыкты. Кыргызстандын коопсуздук кызматы менен биргелешкен операция маалында кармалган Биймурзаевдин үч паспорту бар экен, ал да жаздан бери Өзбекстанда уюшулган теракттарды даярдоого катышкан.


Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Божконун айтымында, "Борбор Азиядагы мужахединдер жамааты" 1992-1996-жылдары Талас облусунда бардыгы 50дөй кишини экстремисттик-террордук аракеттерге машыктырып үйрөткөн.

Ошентип, Казакстандын атайын кызматы Борбор Азия өлкөлөрүндө өз ишмердигин жакшылап жайылтууга үлгүргөн кылмыштуу топтун бети ачылганын жарыялады. Бул жаңылыкты бирок жергиликтүү аналитиктер ар кыл маанайда комментарийлөөдө. Маселен, Алматылык саясат таануучу Дос Көшим сот тарабынан көзгө баса далилденип, өкүм чыгарыла элек ишти жарыялоонун артында башка бир максаттар да болушу мүмкүн деген пикирде.

ӨЗБЕКСТАН КАЙСЫ МАМЛЕКЕТКЕ ЫКТАШ КЕРЕК?

Айымкыз, Ташкен Коомчулуктун пикирин билүүчү "Социалдык пикир" борбору тарабынан эл арасында сурамжылоолор өткөрүлүп турат. Ушундай суроолордун бири "Өзбекстан кайсы мамлекеттер менен саясий жана экономикалык кызматташтыкта болушу абзел?" деген темада болду.

"Социалдык пикир" борборунун директорунун орунбасары Марат Кажымухаммедовдун билдиришинче, Өзбекстан кайсы мамлекеттер менен тыгыз мамиледе болушу керек деген өлкөлөрдүн катарында Орусия, Борбор Азия мамлекеттери жана АКШ бар эле.

Сурамжылоого катышкандардын 81,2 пайызы Өзбекстандын Орусия менен саясий жана экономикалык жактан жакын болушун колдой тургандыктарын билдирген. 31,6 пайыз респонденттер Борбор Азия мамлекеттери менен жакын болууну билдиришкен, ал эми 24,4 пайызы болсо Өзбекстан АКШ менен жакын болушу керек деп эсептейт.

Бирок сурамжылоодо Өзбекстан эмне үчүн ошол мамлекет менен жакын байланышта болушу керек деген суроо коюлган эмес.

Маектешибиз мындай жыйынтыктардан кийин Өзбекстандын элинин ушунча пайызы Орусия менен жакын кызматташтыкта болуш керек деп эсептейт экен деп бир жактуу жыйынтык чыгарбоо керек жана муну саясатташтыруу зарыл эмес деген пикирин билдирди. Марат Кажымухаммедовдун айтымында, сурамжылоонун жыйынтыгы - адамдардын турмуштан улам келип чыккан пикирлери.

"Бул жерде эч кандай саясат жок, 100 пайыз тек гана турмуштук, социалдык маселелер",- дейт Кажымухаммедов.

Орусиянын экономикалык академиясынын Ташкендеги филиалынын проректору Бахадык Умрзаковдун билдиришинче, Өзбекстан элинин Орусия менен кызматташтыкты колдоп-кубатташынын негизинде бул эки мамлекеттин бири-бири менен тыгыз байланышы жатат.

Мисалы, Өзбекстандын авиазаводунда Орусиянын конструкторлору иштейт жана өлкөнүн миңдеген ишканалары Орусия менен байланыштуу. Андыктан Өзбекстанда учак чыгарууну Орусиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Ошону менен катар эле Орусиядагы көптөгөн ишканалар, мисалы, текстиль комбинаттары, Орусиядагы электрон өнөр жайлары Өзбекстан менен тыгыз байланышта.

"Элдин Орусия менен экономикалык, саясий кызматташтыкты колдоп-кубатташы да мына ушундан",-дейт Орусиянын экономикалык академиясынын филиалынын проректору Бахадыр Умрзаков.

Байкоочулардын айтымында, коомчулуктун пикирин билүүчү борбор жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү Орусия менен кызматташтык аймактагы тынчтыкты камсыздоого оң таасир тийгизишине ишене турганын белгилешкен.

ЕККУ ӨЗБЕК БИЙЛИГИН СЫНГА АЛДЫ

Айымкыз, Ташкен шаары 1-ноябрь күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын өкүлү Марти Ахтисаари мырзанын Өзбекстанга эки күндүк сапары башталды. Сапардын негизги максаты - Өзбекстан менен уюмдун кызматташтыгын талкууга алуу, ошондой эле Өзбекстандагы демократиялык жана экономикалык реформалардын жүрүшү менен таанышуу. Ахтисаари мырза алдыдагы парламенттик шайлоого оппозициячыл партиялар катышпай турганына өкүнүчүн билдирди.

1-ноябрь күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын Борбордук Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисари мырзанын Өзбекстанга эки күндүк сапары башталды. Тышкы иштер министри Содик Сафоев менен болгон учурунда аймактагы жана Ооганстандагы абал жөнүндө, бул абалды чечүүдө ЕККУнун орду сыяктуу маселелер талкууланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бөрүташ Мустафаев менен болгон кездешүүдө Мустафаев ушул жылдын 26-декабрында Өзбекстанда өтө турган шайлоонун маанисине кеңири токтолду.

Жолугушуу учурунда Ахтисари мырза «шайлоолор жарым эркин же болбосо жарым демократиялык болушу мүмкүн эмес. Өзбекстандагы шайлоого катышып аткан партиялардын бири да өзүн оппозициялык партия деп эсептебестиги - өкмөттү колдоп-кубаттай турган күчтөрдүн ич ара машыгуусу сыяктуу көрүнүш» деди.

Марти Ахтисариин кошумча кылышынча шайлоого оппозициялык партиялардын катышпастыгы өнөктүктүн негизги кемчилиги. "Өзбекстанда чыныгы оппозициялык партиялар жок эмес, бар. Бирок алар тизмеге алынбай атат. Мен мына ушул суроолорго жооп алгым келет" деди өкүл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бөрүташ Мустафаевдин айтымында, бул маселелер шайлоо комиссиясынын милдетине кирбейт жана партияларды, атүгүл оппозициялык уюмдарды да тизмеге алуу иши менен юстиция министрлиги шугулданат.

Марти Ахтисари мырза буга жооп иретинде «шайлоо комиссиясы да юстиция министрлиги сыяктуу эле мамлекеттик мекеме. Өзбекстанда чыныгы эркин массалык маалымат каражаттары да жок экендиги өкүнүчтүү» деген пикирин билдирди.

ХАЛК МАСЛАХАТЫ ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИНИН СУНУШУН ЧЕТКЕ КАКТЫ

Ушул аптанын башында Ашхабадда Түркмөнстандын эң жогорку бийлик органы катары эсептелген – Халк Маслахатынын жыйыны аяктап, анда делегаттар президент Сапармурад Ниязовдун 2008-2009-жылдары шайлоо өткөрүү жөнүндөгү сунушун четке какты. Эксперттерден айтымында, мындай чечимдин өлкөдөгү саясий кырдаалга эч таасири тийбейт.

Халк Маслахаты же Элдик Кеңеш өзүнүн жыйынына жылына бир ирээт чогулуп, анда өлкө үчүн маанилүү деген маселелер каралат. Ал мыйзам чыгаруу укугуна да ээ. Бул ирээт Халк Маслахаты салыкка, жерди ижарага берүүгө, сууга байланышкан мыйзамдарды жактырды. Аталган документтер 1-ноябрдан тарта күчүнө кирмекчи. Жыйындын башталышында президент Сапармурад Ниязовдун быйыл түрмөдө отургандардын ичине 9 миң адамга мунапыс берүү жөнүндөгү чечим кабыл алганын, жаңы жылдан тарта эмгек акы, пенсиянын өлчөмү 50 пайызга жогоруларын жарыялады. Түркмөнстанда бир топ жылдардан бери салтка айланып калгандай түрмөдөгүлөргө мунапыс Орозо айттын алдында берилет. Ал эми Халк Маслахатынын соңку иш күнү дүйшөмбүдө Түркмөнбашы келечекте шайлоо өткөрүү маселесин көтөрүп, мындай деди:

- Эгер уруксат берсеңер мен да өз өтүнүчүмдү айтайын. Бир адам көпкө чыдай албайт. Жаштар өсүп келе жатат. Эгер каршы болбосоңор, келгиле, 2008-2009- жылдары президенттик шайлоо өткөрөлү. Мени 70ке таяп калам, мени бошоткула. Түбөлүк эч нерсе жок.

Мындан бир жылча мурун Түркмөнбашы президенттик шайлоону 2006-2007 –жылдардын аралыгында өткөрүүнү айткан болчу. Түркмөнстандын Конституциясына ылайык 40тан 70 жашка чейинки курактагы атуулдар мамлекет башчысы боло алат. Сапармурад Ниязов 70ке 2010 –жылы чыкмакчы.

Анткен менен Сапармурад Ниязовдун бул жолку демилгеси Халк Маслахаты тарабынан дароо четке кагылды. Аксакал делегаттардын бири Муратберды Сопыев буларды айтып чыкты:

- Урматтуу мекендештер, президенттик шайлоо жөнүндө такыр сөз кылууга болбойт. Биз улуу Сердарыбызды, ардактуу атабызды түбөлүккө шайлаганбыз. Андыктан бул теманы унутушубуз керек.

Халк Маслахатына келген делегатардын экинчи бири болсо жыйынды Сапармурад Ниязовдун сунушуна каршы добуш берүүгө чакырып, ал президенттикте түбөлүк калыш керектигин төмөнкү жүйөөлөр менен түшүндүрдү:

- Мен биздин улуу Сердарыбыздын сунушун бир добуштан четке кагууга чакырам. Биз макул эмеспиз. Улуу Сердар, бизге бир гана башчы керек. Сиз бул даражага Кудайдын буюругу менен келгенсиз. Андыктан өмүр боюу жетекчи болуп бериңиз.

Москвадагы Карнеги фондунун эксперти Алексей Малашенко, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын чечимин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда мындайча баалады:

- Бир жагынан Ниязов шайлоого барууга даяр экенин көргөзүүдө. Эгер ал ачык шайлоого барган күндө да жеңип чыгаары анык. Экинчи жагынан Халк Маслахатына катышкан эл өкүлдөрү шайлоо кереги жоктугун айтып жатышат. Андыктан баары, биринчи кезекте Түрмөнбашы өзү ыраазы. Шайлоо жөнүндөгү сунуштардын же ага каршы айтылган кептердин саясий кырдаалга эч таасири тийбейт. Менимче ушул эң башкысы.

Халк Маслахаты Сапармурад Ниязовдун шайлоо жөнүндөгү өтүнчүн четке какса, Түркмөнбашы болсо Түркмөнстандын эл баатыры деген наамды алтынчы ирээт алуудан баш тартты. Мунун себебин ал Халк Маслахаты өткөн ишембиде эле ага өлкөнүн жогорку мамлекеттик ордени – "Рухнаманы" ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алганы менен түшүндүрдү.

ӨЗБЕКСТАН: МИҢ ЖЫЛДЫК ӨНҮГҮҮНҮН МАКСАТТАРЫ

Айымкыз 22-октябрь күнү Ташкендеги эл аралык бизнес борборунда "Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары" деген темада өзбекстандык мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн плакаттар конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныкталды.

Салтанатта Өзбекстандын түрдүү министрликтери менен ырасмий мекемелери, парламенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.

Конкурстун шарты боюнча мектеп окуучулары миң жылдык өнүгүүнүн максаттары жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин плакатка тартышы керек болчу.

Конкурска катышкандар жашына карата үч топко бөлүнгөн: 7 жаштан 9 жашка чейин, 10 жаштан 14 жашка чейин жана 15 жаштан 18 жашка чейин. 400дөн ашык окуучу катышкан бул конкурска 500дөн көп сүрөт келген.

Миң жылдык өнүгүү максаттары салтанатын Абдул Карим Гул мырза ачып берди жана миң жылдык өнүгүү программасын ишке ашыруудагы Бириккен улуттар уюмунун ролуна токтолду.

Андан кийин сөзгө чыккан Өзбекстандын экономика министринин биринчи орунбасары, «Өлкөнү жалпылап баалоо» аттуу комитеттин төрайымы Галина Саидова Өзбекстандагы өнүгүү максаттарында жардамдашуу программасы жана миң жылдык өнүгүү максаттары боюнча эсеп берди.

Дүйнөлүк банктын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мартин Райзер мырза, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун координация боюнча кеңешчиси Лаура Рио Өзбекстанда миң жылдык өнүгүү максаттары жөнүндө докдад жасашты.

Өзбекстандын экономика министринин орунбасары Галина Саидовага журналисттер "миң жылдык өнүгүү максаттарына башталгыч жана орто билим берүүнүн сапатын көтөрүү кирет, андай болсо Өзбекстандагы жогорку класстын окуучулары менен мектеп мугалимдеринин пахтага барышын кантип түшүнсө болот?" деген суроо берилди. Жооп мындай болду:

-Балдарды иштетип да, иштетпей да тарбиялоого болот. Жалпысынан алганда жогорку класстын окуучуларына пахта талааларында ата-энелерине жардам бериши чектелген эмес. Пахта - биздин улуттук байлыгыбыз. Азырынча аны жыйып-терип алууда кошумча жумушчу күчү зарыл. Бирок азыр Өзбекстан айыл чарбачылыгында бир катар реформалар турмушка ашырылып атат. Жакынкы келечекте бул маселенин чечилиши пландаштырылган.

Суроо-жооптордон кийин "Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары" программасы боюнча өткөрүлгөн плакаттар конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттукталды. Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүн президент Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова тааныштырды.

ТАЖИКСТАНДЫН УЛАМАЛАР КЕҢЕШИ АЯЛДАРДЫ ЖУМА НАМАЗГА КИРГИЗБЕЙТ

Август айында Тажикстандагы эң жогорку диний кеңеш - уламалар кеңеши аялдардын жума намазды мечитке барып окушуна тыйуу салган эле. Кеңештин чечими көпчүлүк мусулмандарга жага бербеди. Алардын пикиринде, уламалар кеңешинин фатвасы- сунни мусулмандар арасында калыптанган диний үрп-адаттарга жана Тажикстандын конституциясына каршы келет.

Түркабад кыштагы Тажикстандын байтакты Дүйшөмбүдөн 30 чакырым чыгышта. Буердеги Абдукарим Калпа атындагы мечит эки кабаттуу. Анын үстүнкү кабаты аялдарга бөлүнгөн. Дүйшөмбүлүк Зебунисо Кахорзод ар жума күнү жаамы намазын окуш үчүн Түркабадга келет:

-Биз мечитке намаз окуганы эле барбайбыз. Аял жана ата-эне катары күнүмдүк тиричилигибизде, ошондой эле балдарыбызды өстүрүүдө ар кандай түйшүктөрүбүз бар. Биз өз балдарыбыз үчүн апа дагы, ата дагыбыз. Биз буерге: “Балдарыбызы кантип тарбиялайбыз? Күйөөлөрүбүз менен кандай мамиле күтүшүбүз керек? Жашообузду кантип жакшыртабыз?” деген суроолорго жооп издеп келебиз.

Зебнисо айымдын күйөөсү көпчүлүк жергиликтүү эркектер сыңары Россияга иштегени кеткен. Ошондуктан төрт баланын таалим-тарбиясы 40тын кырындагы аялдын мойнунда.

Зебунисо жана башка аялдар Түркабадга жума намазга качанга чейин каттайт белгисиз. Август айында, өлкөнүн уламалар кеңеши мечиттеги аялдар эркектердин көңүлүн намаздан алагды кылат деген жүйө менен, алардын мечитке намазга баруусуна тыйуу салган фатва кабыл алган. Ошондон бери Абукарим Калпа атындагы мечитти милиция кайтарчу болгон. Мечиттин имамдары фатваны колдошпогондуктан аялдар жума намазды мечитте окушат.

Уламалар кеңешинин мүчөсү Курбан ажы Шарифзада аялдардын мечитте намаз окушуна тыйуу салган фатваны коргоп, мындай дейт:

–Уламалар кеңеши менен муфтий кабыл алган чечим жаңылык эмес. Ал негизи Мухаммед пайгамбардан жана өзүбүздүн суннилердин үрп- адаттарынан башат алат. Биздин диний канондорубузга ылайык, аялдар узак убакыт коротуп, мечитке барбай эле, үйдө намаз окушканы жөндүү. Муну аялдар түшүнүшү шарт.

Тажикстандын көрүнүктүү молдо-аалымдары кирген кеңеш береги фатваны узак талаш-тартыштан кийин бекитти. Өкмөт алдындагы Аялдар иши боюнча комитеттин башчысы Ракыя Курбанова уламар кеңешинин бу чечимин колдоп чыкты.

Түрабад мечитинин имам-хатиби Амир Абас Бобоназар Конституция эркек жана аял намазгөйлөрдүн укугуна тегиз кепил өткөндүктөн, уламалар кеңешинин чечими келечекте коомго чоң зыян алып келет деп санайт:

-Аялдар мечитке аптасына бир ирет жума намаз окуйбуз деп эле келишпейт. Алар мечитти адеп-ахлак жана жакшы ибадаттарды үйрөнчү жай деп келишет. Мындан бүтүндөй коомго пайда. Себеби, биздин келечек муунду тарбиялоонун жоопкерчилиги аялдардын мойнунда. Аялдар казино сыяктуу кумар ойноочу жайга, дискотекага жана башка шектүү жайларга барса макул деп, бирок эмне үчүн аларды мечитке киргизбешибиз керек. Мен мындай чечимдин маңызын түшүнбөйм.

Өкмөттүн курамындагы Ислам кайра жаралуу партиясы уламалар кеңешинин фатвасын “орто кылымдык түшүнүктүн саркындысы” катары сындады. Фатва, ислам партиясынын пикиринде, мусулман келин-кыздарды “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу партиялардын катарына түртөт.

Чыгыш Европа менен мурдакы советтик республикалардагы диний эркиндик маселесин чагылдырган “Форум 18” маалымат кызматынын редактору Феликс Корлей бул талашта Ислам кайра жаралуу партиясынын жарандардын конституциялык укугун коргоп чыкканына көңүл бурат:

-Эң кызыгы, бул карама-каршылыктуу чечимди мурдакы оппозициянын өзөгүн түзгөн Ислам кайра жаралуу партиясынын жактырбай четке какканы. Алар чечим бардык жарандарга бирдей укук берген Конституцияга жана Тажикстандын мыйзамдарына каршы деп билишкен. Ошон үчүн өкмөттү ага каршы мыйзамдуу чара көрүүнү сурашты.

Кээ бир байкоочулардын айтымында, тажик аялдарынын жаамы намазга катышуусуна тыйуу салган фатва ири саясый маселеге айланып кетиши да ыктымал.

БОРБОР АЗИЯ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН САММИТИ ӨЗ ИШИН АЯКТАДЫ

Чолпон Орозобекова, Бишкек 18-октябрда Тажикстандын башкалаасында Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өз ишин аяктады. Жыйында Борбор Азия регионунда тыюу салынган террордук жана диний экстремисттик уюмдардын тизмесин түзүү чечими кабыл алынды. Борбор Азия кызматташтык уюмунун бул саммитине Орусия президенти Владимир Путин да катышты.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикистан мүчө болгон бул уюмдун кезектеги жыйынына Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы да катышты. Борбор Азиядагы коопсуздук, мурда макулдашылган келишимдердин турмушка ашышы жана региондогу мамлекеттердин Ооганстан менен болгон кызматташтыгы башкы темалардан болду.

Алгач саммиттин катышуучулуры Борбор Азиядагы коопсуздукка коркунуч келтирип аткан террордук жана экстремисттик уюмдардын тизмесин түзүү чечимин кабыл алышты. Саммиттин катышуучулары кабыл алган билдирүүдө дал ушунтип жазылып, КМШ мамлекеттеринин алкагында да ушундай тизмени түзүү зарылдыгы белгиленген.

Президенттер Борбордук Азия кызматташтык уюмуна Орусиянын да кошулушу боюнча протоколго кол коюшту. Төрт мамлекет тең Орусиянын бул уюмга мүчө болушун кубаттап чыгышты.

- Аскар Акаев да Орусиянын бул уюмга мүчө болушун колдоп берди. Мамлекет башчынын айтымында бул кадам Кыргызстандын экономикасы үчүн пайдалуу. Мисалы, Орусия жана Казакстан Нарын суусунда ГЭСтерди курууга инвестиция салууну пландап жатышат. Ушул өңдүү өндүрүштү көтөрүүгө багытталган пландар үчүн Орусиянын кошулушу ого бетер жагымдуу шарт түзмөкчү,- дейт президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев.

Саммитте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси да козголду. Абдил Сегизбаевдин айтымында, Кыргызстандын президенти Ооганстанга жардам берүү өзүңө жардам берүү деген принципти сунуштады. Саммитке катышкан Ооганстандын вице-президенти кыргыз бийлигинин мындай туруму үчүн ыраазычылык билдирген.

Саммитте Борбор Азия мамлекеттеринин суу- энергетикалык консорциумун түзүүнүн принциптери талкууланды. Ал боюнча концепция кабыл алынып, ар бир өлкөнүн өкмөт башчыларына бул жаатта ишти тездетүү тапшырылды. Кыргызстан жылыга 50 миллиард кубометрге чейин суу топтойт. Анын 6-7 миллардын гана кыргызстандыктар пайдаланат. Жогорку Кеңештин депутаты Темирбек Сариевдин айтымында, Кыргызстан бул жаатта өз кызыкчылыгын коргой алган жок:

- Сууну товар катары кабыл алып, аны парламент мыйзам менен да бекиткен. Бирок Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнө суу берүүдө өз кызыкчылыгын коргой алган жок. Бул жерде өкмөттүн түздөн-түз күнөөсү бар деп ойлойм. Мисалы, жайкысын сугат маалында биз коңшу өлкөлөргө суу беребиз. Анын ордуна ошол сууну пайдаланып өндүрүлгөн электр энергиясын алышат. Кайра бизге көмүр, газ жана мазут берүү макулдашылган. Эң кызык жери ушунда да. Көмүр, газ менен мазутту дүйнөлүк баа менен сатып алабыз дагы, ал эми электр энергияны эң арзан баада берип келебиз.

Президент Аскар Акаев баштаган делегация Дүйшөмбү шаарынан 18-октябрдын кечинде кайтып келди.

Мындан он жыл мурда түптөлгөн Борбор Азия экономикалык шериктештигинин негизинде Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтык уюму 2002-жылы кайра түзүлгөн.

ОРУСИЯ ТАЖИКСТАНДА ДА АСКЕР БАЗАСЫН АЧТЫ

Муса Мураталиев, Москва Орусиянын президенти Владимир Путиндин каадалуу иш сапары бул күндөрү Тажикстан өлкөсүндө уланып жатат. 17-октябрда ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен бирге ал өлкөдө ачылган орусиялык аскердик базанын байрагын көтөрүү каадасына катышты. Каада үстүндө айткан кебинде Владимир Путин Борборазия чөлкөмүндө ачылып аткан аскердик жаңы база жалпы эле КМШ өлкөлөрүндөгү бейкутчулукту сактоо үчүн чоң жөлөк болорун белгиледи. Кечөө эки өлкө жетекчилери жолукканда Москва алдыдагы 5 жыл ичинде Тажикстандын экономикасына 2 миллиард доллардай каражат салаары айтылган.

Владимир Путин буга дейре Тажикстанда кыйла жолу болгон. Бул ирет ал чакырылган сый конок даражасы менен барды. Путин бул жолу Тажикстанда советтик кезден тарта сакталып келаткан 201-дивизиянын негизинде Орусиянын аскердик базасын ачты.

Кайсы бир булактан келген маалыматта ал базанын чегинде кызмат өтөөчү аскерлердин саны 7,5 миңге жетет. Ал эми Орусия коргоо министри айтканга караганда, Тажикстанда баш-аягы 5 миң аскер кызмат өтөйт. Эми анын негизинде - Дүйшөмбүнүн кыйырындагы «Айни» аба майданда орусиянын истребителдери жана тикучмалары жайгашат.

Бул - бийликке Путин келгенден берки экинчи аскердик база. Былтыр Кыргызстандын Кантында да Орусияеые аскер базасы ачылган. Ал тууралуу Путин 17-октябрдагы туу көтөрүү каадасында мындай деди:

-Тажикстандагы аскердик база Кыргызстандын Кант шаарында жайгашкан учактар базасы менен бирдикте чөлкөмдүн коопсуздугун коргоп, биргелешкен коопсуздук системасынын ишенимдүү бөлүгү болуп калат.

Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун айтымында, эки мамлекеттин жогорку жетекчилеринин колдору коюлуп бышыкталган келишимдин негизинде Тажикстандагы база турчу жер жарым кылымдык мөөнөткө алынды:

-Биз Нуректеги жерди туура 49 жылга ижарага алабыз. Ижара наркына ар жыл сайын америкалык акча менен алганда 30 центтен акы төлөөгө тийишпиз, - деди кебинин акырын тамашага чалып.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов эки элдин ортосундагы алака эркиндикте жана теңдикте баратканын белгиледи:

- Орусиялык аскердик базаны түзүү - бул жөн эле анын сыртындагы жазууну башкача жазып кайра илип коюу эмес. Бул - эки мамлекеттин ортосундагы аскерий жагдайдагы, сапаты башкача кызматташтыктын жаңы деңгээлге көтөрүлүшү.

Агенттиктер таркаткан маалыматта эки мамлекетттин жетекчилери ортосунда мигранттар маселеси тууралуу да кеп болгон. Анткени Тажикстандан иш издеп Орусияда жүргөндөр абдан көп. Алар орусиялыктардын кысымына кабыл келатканы да жашыруун эмес. Маселен, ырасмий маалыматка караганда, бир эле былтыркы жылы Орусиянын ар кайсы жерлеринен ар кандай себептер менен өлтүрүлгөн 300 тажиктин сөөктөрү Дүйшөмбүгө жеткирилген.

ТАЖИКСТАНДАГЫ ОРУС ДИВИЗИЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ АСКЕРИЙ БАЗА ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдан Тажикстанга келип, өлкө президенти Эмомали Рахмонов менен жолукту. Президенттер эки өлкө ортосундагы кызматташуу жана кошуна Ооганстандагы абалды талкуулады, андан тышкары Тажикстандагы Орусиянын 201-дивизиясынын негизинде 17-октябрда орус аскерий базасын ачуу тууралуу макулдашылды. 18-октябрда Дүйшөмбү шаарында Борбор Азиялык кызматташуу уюмунун бийик жолугушуусу өтөт жана ага Орусия расми түрдө кошулат.

16-октябрда сүйлөшүүлөр Дүйшөмбү шаарында аяктагандан кийин президент Владимир Путин - Тажикстан менен Орусия ортосундагы кызматташуу жаңы, стратегиялык деңгээлге чыкканы тууралуу жана өлкө экономикасына Маскөө келерки беш жылдын ичинде эки миллиард доллар инвестиция сала турганы жөнүндө жарыялады: "Орус тарап, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар келерки беш жылдын ичинде Тажикстандын экономикасына 2 миллиардка жакын доллар салууга ниеттенүүдө. Менин оюмча, акыркы 12-13 жылда Тажикстанга эч ким мынча акча берген да эмес, берем деп айткан да эмес".

Путиндин айтымында, Тажикстанда орусиялык аскерий база ачуу жөнүндө дагы макулдашылды жана өлкөнүн Орусияга болгон карызы тууралуу маселе да чечилди. Советтик мезгилден бери тажик аймагында калган Орусиянын 201-дивизиясынын негизинде түзүлүп жаткан базаны Путин 17-октябрда расми түрдө ачат. Дивизияда жети жарым миң аскер кызмат өтөйт, аны аскерий базага айлантуу демилгеси 1999-жылы көтөрүлгөн жана үстүбүздөгү жылдын июнунда Путин менен Рахмонов Сочи шаарында жолукканда, акыркы талаптуу шарттар макулдашылган. База үчүн керектүү аймакты тажик тарап Орусияга бекер берүүдө.

Тажикстан Орусияга 298 миллион 700 миң доллар карыз жана аны төлөө үчүн Дүйшөмбү Маскөөнүн менчигине "Нурек" аттуу байланыш станциясын берүүдө. Советтик мезгилде тажик тоолорунда курулган бул станциядан космос мейкиндигине көзөмөл салса болот. Андан тышкары орусиялык ишканалар Сангтудин суу-электр станциясын бүтүрүп берүүгө макул болду жана кийин анын бир топ акциясы Орусиянын менчигине өтөт. Станция 2008-жылдын аягына чейин курулууга тийиш жана Орусия ага 250 миллион доллар жумшайт, анын 50 миллионун тажик тарап карыздын эсебинен кошот. Аны менен катар Орусиянын "РусАл" ишканасы Ронгун суу-электр станциясын курууга катышат.

Тажикстандын тышкы чек арасын дагы советтик мезгилден бери орусиялык аскерлер кайтарып келген жана 1999-жылдан тартып ал милдет акырындап тажиктердин өзүнө өтө баштаган, бирок Маскөөдөгү бийликке Путин келгенден кийин, абал өзгөрдү. Мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, 2005-жылдан тартып чек араны кайтарууну Тажикстан толугу менен өзүнө алмак, бирок Сочидеги жолугушуу учурунда Рахмонов Путинден орусиялык аскерлердин Тажикстанда кеминде 2006-жылдын аягына чейин калышын сурады. Чек ара аркылуу Ооганстандан Шериктештик мамлекеттерине бир топ баңги зат ташылганы белгилүү жана жалгыз 2003-жылы эле чек арада тогуз жарым тонна наркозат кармалган.

16-октябрда Путиндин басма сөз кызматы жарыялаган маалыматка караганда, Борбор Азиялык кызматташуу уюмуна Орусиянын кошулушу тууралуу протоколго Дүйшөмбү шаарында 18-октябрда Путин өзү кол коет. Орусиянын ал тууралуу арызын уюмга кирген Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 28-майында Астанада өткөн бийик жолугушууда канааттандырган. Уюм алгач "Борбор Азиялык экономиалык бирикме" деген ат менен 1994-жылдын башында Казакстан менен Өзбекстан тарабынан негизделген жана ага кийин Кыргызстан менен Тажикстан да кошулган. 2002-жылдын 28-февралында болсо Ташкенде өткөн саммитте уюмдун аты "Борбор Азиялык кызматташуу" деп өзгөртүлгөн.

Анын азыркы бийик жолугушуусу Дүйшөмбү шаарында 5-октябрда өтөт деп белгиленген жана тажик президенти Эмомали Рахмоновдун туулган күнүнө туш болгон, бирок ал күнү болбой калган. Борбор Азиялык жетекчилер Тажикстанга 17-октябрда келе баштайт жана ал күнү Дүйшөмбү шаарында Путин алар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG