Жаныл Жусубжан, Прага калаасы Жекшемби күнү Казакстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Аналитиктер президент Нурсултан Назарбаев эле жеңип чыгат деп айтышууда. Бирок оппозиция өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар болгондугун айтып чыгышты.
Венера Сагындык кызы, Прага калаасы Казакстанда 4-декабрь күнү президенттик шайлоо өтөт. Шайлоо кампаниясы азыркы президент Нурсултан Назарбаевдин ийгилик-жетишкендиктерин даңазалоого арналып, көпчүлүк байкоочулар ал эми жаңы жети жылдык мөөнөткө кыйналбай шайлана алаарын айтышууда. Бирок добуш берүү эркин жана адилеттүү өтөөрүнөн күмөн санагандар андан аз эмес, казак бийликтери башка өлкөлөрдөгү “түстүү ыңкылаптардан” сактануунун далай чарасын колдонушту.
Айымкыз 2-декабрда Өзбекстан парламентинин (Олий Мажлисинин) Сенаты 4-жалпы чогулушун өткөрдү. Сенаттын кезектеги сессиясында күн тартибине 26 маселе киргизилген. Алардан эң маанилүүсү 2006-жылкы мамлекеттик бюджеттин долбоору жана мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынган жана макулдук берүү үчүн Сенатка жиберилген 9 мыйзам, ошондой эле айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү маселелер.
Айымкыз, Ташкен Маалыматтарга караганда, Өзбекстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны барган сайын артып барат. Акыркы учурда шаарда сойкулардын санынын артышынын натыйжасында жыныстык жакындыктан ВИЧ оорусун жуктургандардын саны банги зат колдонуу аркылуу бул ооруну жуктургандардын санынан көп айырмаланбай калганын адистер белгилешүүдө.
Айымкыз, Ташкен Өзбекстан башкы прокуратурасы тарабынан камакка алынып, бир айдан ашуун убакыттан бери тергөөгө алынган оппозициядагы “Күнөстүү Өзбекстан” коалициясынын жетекчиси Санжар Умаровдун ден соолугу барган сайын начардап барат. Бул тууралуу “Санжар Умаровду боштондукка чыгаруу комитети” жекшембиде билдирди. Аталган уюм атын эми “Абийир туткундарын боштондукка чыгаруу комитети” деп өзгөрткөнүн да кабарлады.
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 23-ноябрда Өзбекстандын өкмөтү НАТОнун аскерлерине өлкөнүн аймагын жана аба мейкиндиги кесип өтүүгө биринчи январдан тарта тыйуу салды. Бул жөнүндө шаршемби күнү НАТО билдирди. Аскердик альянс Өзбекстандын мындай аракеттери НАТОнун Ооганстандагы бейпилдик миссиясын үзгүлтүккө учурата албай турганын билдирип, бул маселени чечүүнүн жолдору азыр караштырылып жатканын кошумчалады.
Май айында Анжыянда орун алган кандуу окуяларды тайманбай чагылдырганы үчүн өзбекстандык журналист Галима Бухарбаева эл аралык сыйлыкка ээ болду. Шейшембиде Нью-Йоркто Эл аралык сөз эркиндиги сыйлыгын алган Галима Анжыянда өз өмүрү үчүн кооптуу жагдайларда иштөөгө аргасыз болгон. Байкоочулар Анжыянда көчөгө чыккан элге аскерлер ок ачып, жүздөгөн кишилер мерт болгонун айтышат.
Дүйшөмбүдө Өзбекстандын Жогорку соту Анжыяндагы кандуу окуялар боюнча айыпталган 15 кишини узак жылдарга түрмөгө кести. Ошол эле күнү Европа Биримдиги бул иш калыс каралган жок деп эсептеп, Өзбекстанга курал-жарак, аскердик техника сатууга тыюу салып, 12 өзбек жетекчисинин европалык өлкөлөргө каттоосуна бөгөт койду. Кошмо Штаттары да Ташкендеги соттун калыстыгынан күмөн санап турганын билдирди.
Айданбек Акмат уулу, Прага шаары 15-ноябрда Өзбекстандын Жогорку cоту Анжиян окуясы боюнча айыпталгандарга чыгарылган өкүмдү окуду. Айып коюлган 15 киши 14 жылдан 20 жылга чейин кесилди. Алардын баарына контитуциялык түзүлүштү кулатууга аракет жасаган, терроризм жана диний экстремизмге катышы бар деген айыптар коюлган. Айыпталган 15 адамдын ичинде Кыргызстандын 3 атуулу да бар.
Казакстандагы президенттик шайлоого бир айдан аз убакыт калды. Казак оппозициясынын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан шайлоо кампаниясынын жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар, куугунтуктоолор жөнүндө айтылып жатканы менен айрым иликтөөлөр Нурсултан Назарбаевди шайлоочулардын төрттөн үч бөлүгү колдоорун көргөзүүдө. Эгер жогорудагыдай жоромолдор чын болсо, Казакстандын азыркы президенти шайлоочуларды кандай программасы менен өзүнө тартып жатат?
Казакстан 2009-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалык кылууну көздөп жатат. Уюмга мүчө бир катар өлкөлөр Казакстандын бул ниетине колдоо билдирүүдө, бирок чечүүчү маселе – декабрда Казакстанда өтө турган президенттик шайлоо болмокчу. Андыктан казак президенти Нурсултан Назарбаев шайлоого шайма-шай даярдык көрүп, жетекчилерге добуш берүүнү ЕККУнун талаптарына шайкеш өткөрүүнү катуу тапшырды.
Дагы жүктөңүз