Төрөкул Дооров, Москва. Постсоветтик башка мамлекеттердей эле, Тажикстанда өз тарыхына карата жаңыча көз-караш, мамиле 1991-жылы эгемендик жарыялангандан кийин күчөй баштады. Көптөгөн тарыхчылардын ишениминде, тажиктер арийлерден тарагандыктан, арийлер маданияты же индо-европалык маданият кеңири окутулуп, жандандырылышы абзел. Арийлер маданиятын кайра жандандыруу азыркы тажик жетекчилигинин да колдоосун таап, 2006-жыл президент Эмомали Рахмонов тарабынан арийлер цивилизациясынын жылы деп жарыяланды. Анткен менен арийлердин негизги символу катарында нацисттик Германия колдонгон белгини кабыл алган азыркы тажик бийликтеринин кадамын көптөгөн тажикстандыктар айыптап чыгышты.