Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:30

Борбор Азия

КАЗАКСТАНДЫ БУШ, АКШны НАЗАРБАЕВ МАКТАДЫ

Казакстан менен АКШнын президенттери Нурсултан Назарбаев менен Жорж Буш Ак үйдө өткөн жолугушууда бири-бирин өз ара көрсөткөн жардамы үчүн мактап-даңазалоо менен чектелишти. Өз кызматындагы башкы милдетин дүйнө жүзүндө демократиялык баалуулуктарды жайылтуу деп белгилеп келаткан президент Буш бул ирет Назарбаевдин Казакстанда жүргүзгөн авторитардык бийлигине эч бир сын айтпады.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда өткөн маалымат жыйынында Буш менен Назарбаев өз билдирүүлөрүн негизинен Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азиядагы антитеррордук аракеттерге арнашты. АКШ президенти Казакстан Ирак менен Ооганстанга өз аскерлерин жөнөткөн Борбор Азиялык жалгыз мамлекет экенин белгиледи.

- Биз экстремизмди багындыруу жана дүйнөдөгү байыстуулукту колдоо аракеттерин талкууладык. Мен президент Назарбаевге Ирактагы демократия менен өнүгүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирдим. Ошондой эле Ооганстандагы демократияга тынчсызданып, көмөк көрсөткөнү үчүн рахматымды айттым.

Нурсултан Назарбаев да Буштун администрациясынын террорго каршы күрөшүн, Ооганстанда талибандар бүткүл Борбор Азияга тараткан коркунучту жок кылганын жогору баалады. Казак президентинин айтымында, талиптер, же ошого окшогон кайсы бир күчтөрдүн коркунучу Казакстандын өзгөчө экономикалык өсүшүн артка тартышы мүмкүн.

- Казакстан азыр өзүнүн дүйнөдөгү эң жогорку экономикалык өсүшү менен сыймыктана алат, жыл сайын биздин элдин турмушу жакшыруунун үстүндө. Көптөгөн өлкөлөр бизден өрнөк алып жатышат. Бирок мунун баары АКШ жетектеген согуштун артында Ооганстанда талиптер жеңилбегенде ишке ашпайт эле.

АКШ менен Казакстандын президенттеринин жолугушуусунда Борбор Азияга коңшулаш Иран маселеси көтөрүлбөй койгон жок, анысы кандай Назарбаев өз сөзүндө бул маселеге кыйыр түрдө кайрыла кетти.

- Казакстан, же башка Борбор Азия өлкөлөрү болобу, тегерегибизди террористтер байырлап, же массалык кыруучу куралга умтулган өлкөлөр курчап турса, биз да өзүбүздү эч убакта тынч сезе албайбыз.

Нурсултан Назарбаев Америкалык компанияларга Казакстанга салынган чет элдик инвестициянын үчтөн бир бөлүгү таандык экенин белгилеп, көз карандысыздык алгандан берки 15 жыл ичинде көрсөткөн жардамы үчүн Вашингтонго терең ыраазычылык билдирди. Бул сөздөргө шыктана түшкөн Буш Казакстанда чыныгы базар экономикасы жашоо сүрүп жатканын, атүгүл президент Назарбаев демократиялык стандарттарды жайылтууда да көп жылыштар жасаганына токтолду.

- Биз эки тараптуу мамилелерди талкуулап, Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу ниетине тилектештик билдирдик. Ошондой эле өз өлкөбүздөгү эркиндиктерди кеңейте турган чараларды колдоо жөнүндөгү милдеттенмелерди сөз кылдык. Мен мурдагы Советтик доордогу жумурияттан ушу тапта эркин өлкөгө айланган бул өтө маанилү мамлекеттеги өнүгүүгө кылдат көз салып чыктым.

Президент Буштун бул сөздөрүн көпчүлүк байкоочулар дароо сынга алышты. Батыштык серепчилер өз комментарийлеринде Казакстанда коррупция гүлдөп, адам укуктары басмырланып жатканын эске салууда. Эң башкысы алар – Нурсултан Назарбаев былтыр декабрь айында шайлоочулардын 91% добушун топтоп жеңген президенттик шайлоону эл аралык байкоочулар катуу сынга алып, “жасалма шайлоо” деп баалаганына көңүл бурушууда.

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИ АКШда

Нарын АЙЫП, Прага Казак президенти Нурсултан Назарбаев 27-сентябрда АКШга келди. Ал өлкөнүн мурдагы президенти Жорж Буш жана бир топ башка саясатчылар менен жолукту. Азыркы президент Жорж Буш менен Назарбаев жума күнү кездешет.

Нурсултан Назарбаев президент катары АКШга мурда беш жолу келген, бул анын алтынчы визити. Сапарынын биринчи күнү ал азыркы президенттин атасы, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш менен Мэн штатында жолукту. 28-сентябрда болсо Назарбаев Вашингтон шаарына келип, АКШнын бир нече сенатору жана конгрессмени менен жолукту, алардын ичинде Конгресстин Хельсинки комиссиясынны тең-төрагасы сенатор Сэм Браунбек жана башкалар болду. Жолугушуу - Назарбаев токтогон Блэр-хауз деген мейманканада болду.

Андан соң Назарбаев Вашингтон шаарындагы казак элчилигине таандык аймакта Казакстандын эгемендүүлүгүнө арналган эстеликти ачты: "Бул эстелик - биз быйыл белгилей турган мамлекеттик эгемендүүлүгүбүздүн 15 жылдыгына арналат", - деди Назарбаев салтанаттуу жыйында.

Андан тышкары Назарбаев ошол эле күнү АКШ вице-президенти Дик Чейни менен дагы жолукту. Итар-Тасс маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, казак президенти АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири менен дагы кездешти, ал тууралуу Назарбаевди коштоп жүргөн казак тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев билдирген. Ал өзү мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

28-сентябрда Назарбаев Вашингтон шаарында АКШнын энергетика жана соода министрлери Сэмюэл Бодман жана Карлос Гутиеррес менен кездешти. Жолугушуу учурунда Каспий аймагынан чыккан мунайды эл аралык базарга чыгаруу боюнча жаңы куур жаткыруу маселеси талкууланды. Аны менен катар америкалык "Женерал электрик" компаниясы менен "Казакстан темир жолдору" бирикмеси ортосунда 650 млн долларлык келишимге кол коюлду, анын шарттарына ылайык - Астана шаарынын алдында поезд чыгара турган завод курулат.

АКШнын "ФедЭкс" компаниясы менен дагы келишим түзүлдү жана Алматы шаарын Борбор Азиянын финансы борборуна айлантуу маселеси талкууланды. Андан тышкары Дүйнөлүк банктын мурдагы президенти Жеймс Вулфенсонду Назарбаев өзүнө кеңешчи кылып алууну каалаганын билдирди.

Президент Жорж Буш менен Назарбаев ортосундагы жолугушуу 29-сентябрда өтүүгө тийиш. Назарбаев менен Буш - жалпы региондогу коопсуздук, энергетика тармагындагы кызматташуу, демократиялык реформалар жана эл аралык террорчулука каршы күрөшүү сыяктуу маселелерди талкуулайт.

Оппозициянын айтымында, эмки январда АКШда Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Жеймс Гиффенге каршы сот башталууга тийиш, ал - бир кезде казак жетекчилерине америкалык мунай компанияларынын атынан миллиондогон доллар пара берген деп күнөөлөнүүдө. Ошондуктан Назарбаев АКШга андай сот башталганга чейин барууну чечкен, антпегенде бир топ маселе чыкмак, дейт оппозиция.

Андан тышкары, Казакстан Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна 2009-жылы төрагалык кылууну көздөгөн, бирок Вашингтон андай демилгени колдогон жок, ошондуктан сапар учурунда бул маселе көтөрүлбөйт сыяктуу.

CАЙГАКТАР КЫРЫЛЫП ЖОК БОЛУП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУНДА

Казактын даркан талааларынын көркүн ачкан сайгак бүгүн кырылып жок болуунун алдында турат. Кайып сымалданган жаныбардын саны акыркы 10 жылда 90 пайызга кыскарып кеткен. Кеч болсо да Борбор Азиянын түздүк жерлерин жердеген "көчмөн" сайгактарды сактап калуу аракеттери колго алынууда.

Жел менен тең ойноп, шамал менен тең сызган сайгактар Казакстан менен катар, Калмыкияда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда да кездешет. Бирок акыркы 10 жылда алардын саны 1 миллиондон азайып отуруп, азыр 30 миң чактысы гана калды, ушундан улам окумуштуулар сайгак түбү менен жок болуп кетүү коркунучуна кабылганын айтып, коңгуроо кагышууда.

Сайгактарды изилдеген белгилүү окумуштуу Элеонор Милнер-Гулландын айтымында, бул өкүнүчтүү кырдаал биринчи кезекте жоопкерчиликсиз жана аргасыз аңчылыктын кесепетинен улам түзүлдү: «Советтер Союзу кыйрагандан кийин бир катар терс көрүнүштөр биринин артынан бири пайда болду. Кытай менен чек ара ачылганда сайгактын мүйүзүнө даяр базар бар болуп чыкты. Ошол эле убакта сайгактарды изилдеп, аларды коргоо боюнча мамлекеттик система каржыланбай калды. Мындан тышкары, колхоздор таркатылып, каатчылык күчөгөндө эл жакырланып, каржалды. Мына ушул үч башка фактор биригип кетти. Натыйжада сайгакты мүйүзүн Кытайга сатуу үчүн, жана ошондой эле ачарчылыктан улам, сайгакка аң-уулоо күчөдү».

Кытайда элдик медицинада колдонулган сайгактын мүйүзү килограммы 100 доллардан сатылат. Болгондо да текесинин мүйүзү дары деп саналат, ошондуктан Милнер-Гулландын айтымында, сайгактын текелери кескин азайды: «Калмыкияда 200 чебичке бир теке туура келчү. Бирок Орусия менен Казакстанда куут жакшы жүрбөй, сайгактар аз тукумдап калышкан. Акыркы эки жылда анча-мынча жылыш болду. Азыр текелердин саны 5-6 пайызга жетти, бирок бул да жетишсиз.»

Казакстандагы бейөкмөт экологиялык уюмдун мүчөсү Асылкан Артыкбаевдин Азаттыкка билдиришинче, эл сайгак такыр жок болуп кетиш коркунучун аңдай баштады.

Элдин мамилеси өзгөрө баштаганы жакшы жышаан, жогор жактан да жылыштар жок эмес. Казакстандын өкмөтү мындан бир жыл мурда сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучуна туш келген жаныбарларды коргоо максатындагы 3 жылдык программага ири сумма бөлүүгө убада кылган. Өзбекстанда өткөн айда Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо комитети жыйын уюштуруп, сайгакты сактап калууну талкуулады. Устюртта өзбек-казак биргелешкен жаратылыш коругун түзүп, миграциялык коридор түзүү жана жергиликтүү элден сакчыларды даярдоо тууралуу чечим кабыл алынды. Калмыкияда сайгакка уруксатсыз аң уулоодон баш тарткандарга уй бөлүп берүү долбоору иштеп жатат.

Ошондой эле 2005-жылдын ноябрында сайгак жашаган өлкөлөр бул жаныбарды сактап калуу тууралуу өз ара түшүнүүчүлүк меморандумуна кол коюшкан. Кол койгон тараптар сайгакты коргоону күч алдырып, алардын санын калыбына келтирүүнүн аракет планын аткарууга жана регионалдык стратегия аркылуу кызматташтыкты күч алдырууга макулдашышкан.

Ал эми ушул аптада 25-26-сентябрь күндөрү Алматыда сайгак жашаган өлкөлөрдүн өкүлдөрү жолугушту. Милнер-Гулланддын айтымында бул жакшы жөрөлгө болду, анткени биринчи жолу бардык тийешелүү өлкөлөрдөн өкмөт өкүлдөрү жана окумуштуулар приоритеттик планды талкуулаштты, демек сайгакты сактап калуу жаатындагы кайсы жерде кандай иштер жасалаары такталды. Эми бул иштерге жетиштүү каражат бөлүнүп, ал максаттуу сарпталса болгону. Балким келечекте туризм жана көзөмөл астында аң-улоо өнүксө да , түшкөн киреше сайгакты коргоо иштерине кошумча болмок.

Жаңыл Жусубжан, Прага

АХАЛТЕКИН АРГЫМАКТАРЫНА АМЕРИКАЛЫКТАР ДА ШҮЙШҮНҮҮДӨ

АКШнын Флорида штатында чакан фермада Жессика Ейл-Кит аттуу аял күйөөсү Тодди Кит экөө атактуу ахалтекин тукумундагы асыл жылкы асырайт. Ушул айдын башталышында бир кулунду алар сегиз миллион долларга сатышты. Ейл-Кит ахалтекин жылкысынын атак-даңкы эми бүткүл Америкага дарбаан болот деп ишенет. Ал эми Түркмөнстанда - ахалтекиндин түпкү мекенинде – анын баасы ашып барса 15-20 миң долларга жетет.

Кыргыздын “Курманбек” дастанындагы айтылуу Текежоомарт Телтору ат дал ушул ахалтекин тукумунан болгон. Жылкынын бу түрүн түркмөндөрдүн теке жана емуд – жоомарт - уруулары тээ байыркы замандарда эле Ахал деген жерде асырышкан. Алты айлык коноого чапса арыбаган, кууган жоону куткарбаган, коо бузган бул дулдул тукум жылкыга учурунда алаамдын тең жарымын алган Искендер Зулкарнайын сыяктуу жаангерлер, Азияны түрө кыдырып жер кезген Марко Поло өңдүү саякатчылар тамшанып, тен беришкен.

Ахалтекин соңку эки кылымда бир нече ирет тукум курут болуп кетүү коркунучуна туш болгон. Адегенде 1870-жылы орус падышасынын армиясы теке уруусун өзүнө каратканы алар асыраган асыл тукум жылкыларды кырышкан. Бирок кийинчерээк ахалтекин аттары үчүн атайын фермалар түзүлүп, 1920-жылдардын этегинде орус селекционерлери аларды атайын тизмеге алышкан. Ахалтекин тукуму азырга чейин ошол китепке жараша аныкталат.

Коллективдештирүү жылдары текежоомарт жылкысын унаа кылганы орток чарбага алышкан. 1945-жылы маршал Жуков ахалтекин боз ат минип жеңиш парадын кабыл алгандан соң ага кайрадан астейдил көңүл бурула баштаган. Ал эми Хрущевдун мезгилинде ахалтекин аттарын башка мал-жандыктын баарындай эле этке төгүшкөн. Акыры Түркмөнстан көз карандысыздык алган соң президент Ниязов өзүн ахелтекин жылкысынын колдоочу пири кылып жарыялап,аларды асырап, көбөйткөнгө 20 миллион доллар каражат ажыраткан. Абройлуу конокторго, зобололуу президенттерге Түркмөнбашы ахалтекин күлүктөрүн тартуулаганды жакшы көрөт. Айрым бир эсептерде түркмөн жеринде азыр миңден ашпаган гана текежоомарт жылкысы калганы айтылат.

-Бүгүн биз ахалтекин асыраган үч эле кишини билебиз,- дейт флоридалык фермер Жессика Ейл-Кит. -Биринчиси – ставрополдук Александр Климук, экинчиси Москвага жакын жерде атайын ферма уюштуруп жаткан дагестандык Леонид Бабаев. Үчүнчүсү –түркмөнстандык Гелды Гыязов, ал ахалтекин жылкыларын асыраган кадик адис эле,- дейт Ейл-Кит. Азыр болсо Гыязов камакта, бийликтер анын кызматынан кынтык таап,алты жылга түрмөгө кесип жиберишти. Маалымдар адамдар Гыязовдун ахалтекин жылкыларын асыроо ыкмасы, айрыкча саяпкерлик усулу Түркмөнбашыга жакпай калган дешет. Гыязов баккан үйүрдөн дубан бузган далай дулдул аттар чыккан.

Ейл-Кит ахалтекин аттарын көбөйтүп,алардын даңаза-даңкы бир нече кылым кандай болсо, ошондой деңгээлге көтөрүү керек деп эсептейт. Ушундай алгылыктуу иштер азыр Россияда жасалууда. Күлүк аттардын рыногу Батышта кеңири өнүккөн, атаандаштык күчтүү. “Эгер асыл тукум жаңы жылкы асырагыңыз келсе, ал көргөндө көз тойгондой келишимдүү, жарышка салса байге алдырбагандай дулдул, айтор, төрт тарабы төп болушу керек, ахалтекин ушул талаптардын баарын көтөрө алат”, - дейт флоридалык фермер.

АКШ НАЗАРБАЕВДИ БЕШИНЧИ ЖОЛУ РАСМИЙ САПАРГА ЧАКЫРДЫ

Президент Нурсултан Назарбаев ушу аптада Кошмо Штаттарга сапарга барат жана президент Жорж Буш менен кездешет. Бул Назарбаевдин АКШдагы бешинчи ырасмий сапары. Буш акыркы ирет 2001-жылы Назарбаев менен жолукканда эки өлкө “узак мөөнөттүк стратегиялык кызматташуу жолуна түшкөнүн” белгилеген. Кызматташуу эки жак үчүн маанилүү. Вашингтон Борбор Азияда стратегиялык жана экономикалык жактан Казакстандай кубаттуу өнөктөшкө муктаж. Астана болсо жакынкы жылдары дүйнөлүк саясатта чоң оюнчу болууну каалайт.

Былтыр майдагы Анжиян калабасынан кийин Вашингтондун Ташкен менен болгон ысык мамилеси сууп, АКШ жетекчилиги саясый ыкласын Казакстанды былк эттирбей башкарган Нурсултан Назарбаевге бурган.

Эки өлкө арасындагы экономикалык карым-катнаш буга дейре ишенимдүү нукка түшүп калган эле. АКШ соңку 15 жылда Казакстанга 12 миллиард доллар инвестиция салган. 2005-жылы эки өлкө арасындагы соода эки эсеге өсүп, 1, 8 миллиард долларды түзгөн. Азыр Казакстанда 370тен ашуун америкалык компания иштөөдө.

Профессор Фредерик Стар- Вашингтондогу Жон Хопкинс атындагы университеттин алдындагы Борбор Азия –Кавказ институтун жетектейт. Анын сөзүнчө, АКШ менен Казакстан арасындагы кызматташууда Буш менен Назарбаев ортосундагы мамиле өзгөчө баалуу эсептелет:

-Казак тарап үчүн АКШ босоголош Россия жана Кытй деңгээлиндеги стратегиялык өнөк ирети маанилүү. Кошмо Штатар үчүн Казакстан ылдам жана ийгиликтүү өнүгүп бараткан региондогу өтө баалуу, сыйлуу өнөк жана дос.

Ак Үйдүн өкүлү Тони Сноу 12-сентябрда билдиргенге караганда, эки лидер 29-сентябрда Вашингтондо болчу кездешүүдө терроризмге каршы согуш, отун- энергиялык кызматташууну тереңдетүү жана экономикалык маселелерге катар “эркиндикти жана коопсуздукту бекемдөөдө чогуу иштөө” жагын дагы талкуулашат.

Профессор Стар сүйлөшүүдөгү башкы тема “жоопкерчиликтүү жана ылдам өнүгүп бараткан” Казакстандын Борбор Азиядагы ролу жөнүндө болот дейт. Казакстанда Ооганстандын экономикасына да олуттуу капитал салууга мүмкүнчүлүгү бар жана өлкө унаа жолдорун кеңири ачса, Евразиянын өнүгүүсүнө катуу түрткү бермек деп боолгойт америкалык серепчи.

23-сентябрь. 18:30. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 61-сессиясынын жалпы талкуусунда сөз сүйлөдү

БИШКЕК. Анда Жекшенкулов 24-марттан кийинки Кыргызстандагы саясий-экономикалык өзгөрүүлөргө токтолду. Мындан тышкары Миң жылдыктын чакырыктары декларациясына жергиликтүү жамаатарды өнүктүрүү боюнча кошумча тогузунчу багытты киргизүүнү сунуштады. Министр 2007-жылы Бишкекте экинчи тоо саммитин өткөрүү, "Борбордук Азияда өзөктүк куралдардан эркин аймак” долбоорун колдоо сунушу менен мүчө мамлекеттерге кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

18:20. Тышкы иштер министри А. Жекшенкулов БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Кемал Дервиш менен жолугушту

БИШКЕК. Анда тараптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жакырчылыкты жоюу, экономикалык өнүгүү багытында жаңы программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ушул эле күнү Жекшенкулов Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар тууралуу кеп курду.

18:00. Кыргызрадиосу республика коомчулугу менен 75 жылдыгын белгиледи

БИШКЕК. Бүгүн Токтогул Сатылгананов атындагы Улуттук филармонияда кыргызрадиосунун 75 жылдыгына арналып өткөрүлгөн салтанатка мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышып, бир катар радиокызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

ТҮРКМӨН ГАЗЫ ЖАНА ТҮРКМӨНБАШЫ

Кубат Оторбаев, Прага Газ менен мунайга болгон талап өскөн сайын дүйнөнүн бардар мамлекеттери кен байлыгы мол өлкөлөрдү издеп, алар менен алака-катыш түзүү жагын ойлоп жатышат. Мындай мамлекеттердин бири катары Борбор Азиядагы Түркмөнстан эсепте. Бирок мунайга бай болгону менен авторитаризмдин кызыл камчысын ойноткон түркмөн бийлигинин кадыр-баркы бир топтордун тынчын алып, чочулатып турган чак.

Түркмөнстан мунайга, газга бай. Бирок мамлекетти 20 жылдан бери башкарып келаткан Сапармурат Ниязовдун режими Түркмөнстандын мунайына, газына кызыккандар үчүн ыңгайсыз факторлордун бири.

Венада жайгашкан Эларалык Хельсинки федерациясынын жетекчиси Арон Родестин айтымында, Түркмөнстанда сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги таптакыр жок. Жарандык коомдун дагы жүүнү бош.

Соттор аткаруу бийлигинин көзүн карап турат, ошондуктан акыйкат чечим тууралуу айтпай эле койгон оң. Бир дагы эркин маалымат каражаты жок. Адамдардын мойнуна кыйноо жолу менен алар жасабаган күнөөлөрдү илишет.

Ачык коом институтунун Түркмөнстан долбоору боюнча директору Эрика Дейлинин пикири боюнча, түркмөн бийлиги адамдардан баардык маалыматтарды өз бийлигин чыңдоо максатында жашырып келатат. Атайын цензорлор элге эмне маалыматты бериш керек, эмнени – жок, деген маселени Түркмөнбашынын каалоосуна карата чечишет:

Түркмөн өкмөтү маалыматты кысып, цензураны катаалдатып өз элин дүйнөдө болуп жаткан окуялардан караңгы кармап жатат. Муну менен эл өз жашоосун башкалар менен салыштыруу мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажырап отурат.

Карапайым түркмөндөр дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабары аз болсо да дүйнө эли Борбор Азиядагы бул мамлекетте эмне болуп жатканын билип турушат.

Газ менен мунайды сатуудан түркмөн бийлиги миллиарддаган доллар пайда таап жатканына карабай элдин турмушу тукулжураган абалда. Арон Родестин айтымында, керек болгон учурда карга шыйрак мектеп окуучулары Түркмөнстанда баягы совет заманы учурундагыдай эле пахтага барышат:

Түркмөнстандагы башка бир оор проблема – пахтаны жыйноо үчүн балдарды кара жумушка салып, алардын укуктарын тебелөө .

Родестин айтымында, пенсия дагы азайып, саламаттык сактоо тармагындагы тейлөө да начарлап кетти.

Бирок Түркмөнбашынын түндүгүнүн түшпөй жатышынын сыры эмнеде? Эрика Дейлинин пикири боюнча, мунун сыры – кен байлыктарда:

Бул – көптөн бери көзкарандысыз тараптар айтып келаткан талашсыз чындык – эки жана көп тараптуу алакалар түркмөн бийлигинин колу-жолун бошотуп берип отурат. Ошондон улам биринчи орунда адам укуктарына караганда көп жылдык энергетикалык коопсуздук жана геосаясий кызыкчылык туруп калууда. Тилекке каршы, буга ишенбей кое албайсың.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда америкалык сенатор Сэм Броунбек дүйнө коомчулугун Түркмөн бийлигинин чектен чыккан жоруктарын токтотуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чакырды.

Анткени азыр дүйнө мамлекеттери мунайга жана газга муктаж болуп турган чак, а Түркмөнстан болсо ошол дүйнө менен мамиле түзүүгө куштар.

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИ СОТТОЛУШУ МҮМКҮН

Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар Түркмөнстандагы абалды катуу сынга алып, президент Сапармурад Ниязов өлкөдө - дүйнөдөгү эң катаал тартиптердин бирин орноткону жөнүндө айткан менен, мамлекет башчылар Ниязов менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрүүгө аргасыз. Бирок түркмөн президентин бир түркиялык ишкер сотко берүүгө даярданууда.

Расмий маалыматтарга караганда, азыр Түркмөнстанда алты миңге жакын түркиялык ишкер жашап-эмгектенет. Алардын бири Фарук Бозбей болчу, ал 1998-жылы Түркмөнстанга келип иштей баштаган жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча ал кездеги түркмөн саясатынын шарттарына жараша, анын айыл-чарба ишканасы 21 жылга салыктардан бошотулган. Бозбейдин иши ийгиликтүү жүргөндүктөн, ал - президент Сапармурад Ниязовко жакын ишкерлер чөйрөсүнө да кирген жана бийлик менен түзүлгөн келишим боюнча, кирешесинин 30 пайызын президенттик фондко төлөй баштаган.

Анын өзүнүн айтымында, беш жылдын ичинде ал түркмөн экономикасына төрт миллион доллар инвестиция жасады жана Ниязов менен көзмө-көз сүйлөшкөндө, президент ага алкыш да айтып, ишин улантууну суранган.

Ага карабастан, 2002-жылдын аягында түркмөн бийлиги аны салыктан качкан деп күнөөлөп, төлөнбөй калган бир миллион 300 миң доллар төгүүнү талап кылган: "Контракт боюнча мен кирешемдин 30 пайызын Түркмөнбашы фондуна төлөп келгем. Ал аз келгенсип, алар менден дагы 64 пайызды алынбай калган салык деп, төлөөнү талап кылышты. Бирок андай салык тууралуу алар - мен беш жыл иштегенден кийин гана биринчи жолу айтышты. Ал беш жылдын ичинде тийиштүү мекемелерден - менин ишканам салыктардан бошотулат деген 18 документ келген", - дейт Бозбей.

Евразия маселелери боюнча Анкарадагы борбордун эксперти Мехмет Сейфетдиндин айтымында, түркиялык ишкерлерге карата мамиле 2002-жылдын аягында кескин өзгөрдү: "Башында Түркмөнстан менен Түркия ортосундагы мамилелер ысык болгон жана ал кезде - эки мамлекетте жашаган бир улут тууралуу көп айтылчу. Бирок 2002-жылдын 25-ноябрында түркмөн президентинин өмүрүнө кол салуу болгондон кийин баары өзгөрдү", - дейт Сейфетдин. Анын айтымында, ал окуяларга бир нече түрк улутундагы адам катышкан деп аныкталган.

Бирок Фарук Бозбей андай иштерге катышкан эмес жана эмне үчүн 14 жылга эркинен ажыратылууга кесилгенин эмгиче түшүнбөйт: "Түркияга кайтып келгенден кийин мен аларга кат жаздым, Түркмөнбашыга да жаздым. Менин атымды тазалап берүүнү сурадым. Мен калпычы эмесмин, эч кандай мыйзам бузган жокмун жана эгер кандайдыр бир ката кеткен болсо, аны бейтарап сотто карайлы деп жаздым. Алар мага үч айдан бери жооп бере элек, ошондуктан мен бул ишти сотко берүүнү чечтим, кагаздарды азыр адвокаттар даярдап жатат," - дейт 62 жаштагы Бозбей.

Абакка түшкөн ишкер Ашгабаддагы Түркия элчилигинин аракеттери менен бир жылдан кийин бошотулду. Бирок эми ал президент Ниязовду жана анын Түркмөнбашы деген фондун күнөөлөп, Женева шаарындагы эл аралык арбитраж сотуна кайрылып, 17 миллион доллар өндүрүп берүүнү талап кылып жатат.

АРАЛ ЭКОЛОГИЯСЫН ЖАКШЫРТУУ АРАКЕТТЕРИН ГЕРМАНИЯ КОЛДООГО АЛУУДА

Өзбекстандын Хорезм дубанында пахтанын ордуна боек берүүчү баалуу өсүмдүктү өстүрүү долбоору ишке киргизилүүдө. Ал соолуп бараткан Арал деңизинин айланасындагы калктардын турмуш деңгээлин көтөрүп, экологиялык алааматтын кесепеттерин азайтуу максатын көздөйт. Германиянын Өнүктүрүүнү изилдөө борборунун катышуусу менен жүргүзүлүп жаткан долбоордо башка да баалуу табылгалар жок эмес.

Бир кезде ичкенге боло турган таза суунун дүйнөдөгү төртүнчү булагы болгон Арал деңизинен бүгүн төрттөн бири гана калган. Казакстан тараптан суунун көлөмүн көбөйтүү аракеттеринде бир топ үмүттүү жылыштар бар экени белгилүү. Өзбекстан тараптан да айрым өзгөрүүлөр орун алдууда. Анын ичинде 2001-жылы Германиянын Бонн университетиндеги Өнүктүрүүнү изилдөө борборунун окумуштуулары өзбек кесиптештери менен баштаган узак мезгилдүү долбоордун айрым жыйынтыктарын атаса болот.

Кристофер Мартиус - долбоордун координатору. Анын айтымында, проблемаларды түшүнүүгө эле бир топ убакыт кетип калды. Жакында изилдөөчүлөр өзбек өкмөтүнө экологиялык деградация менен күрөштүн функционалдык үлгүсүн сунуш этишмекчи. Бул моделдин башкы максаты – албетте биринчи кезекте элеттеги жакырчылыкты жоюу болуп саналат. Анын концепциялары тууралуу Мартиус Азаттыкка буларды билдирди:

Биз жерди пайдаланууну жана айыл-чарба системасында сууну сарамжалдуу колдонууну жакшыртууга аракет кылып жатабыз. Бул системада азыр пахта, буудай жана айрым жерлерде күрүч өстүрүү үстөмдүк кылат. Мында суунун сарамжалдуу колдонулушу менен катар, аны башкаруу, бөлүштүрүү, ирригация жана дренаж системасын көзөмөлдөш керек. Суу каналдарынын көбү кумдун үстүнөн курулган, алар аркылуу суу зор көлөмдө ысырап болот.

Тез өсүүчү дарактарды отургузуу да бул пландын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Дагы бир идея индиго деп аталган боек берүүчү өсүмдүктү өстүрүүгө байланышкан. Көк-мөк түс берүүчү бул боек аз гана жерге себилүүдө, бирок индигонун эл аралык базардагы баасы жогору, ошондой эле ал айдоо жерлеринин сапатын көтөрүүгө жардам берээри аныкталган.

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ТҮРКМӨНСТАН – ДИН ЭРКИНДИГИ ЧЕКТЕЛГЕН МАМЛЕКЕТТЕРДИН КАТАРЫНДА

Кубат Оторбаев, Прага Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү дин эркиндиги боюнча жылдык отчетун жарыялады. Быйыл дагы Иран отчетто сынга алынды - ырасмий Тегеран ушуну менен жетинчи жыл бою адамдарга дин эркиндигинде чек койгон бийлик катары бааланууда. Ирандын катарында бул ирет Өзбекстан менен Ооганстан да бар, ал эми отчетто Түркмөнстанда болсо бир аз жылыштар байкалат деп айтылат.

Отчет журналисттердин көңүлүнө 15-сентябрда Вашингтондо тартууланды. Аны Мамлекеттик департаменттин дин эркиндиги боюнча өкүлү Жон Ханфорд тааныштырды.

Анын айтымында, бул ирет 197 мамлекеттеги абал иликтенип, талданды. Отчеттун максаты – тигил же бул мамлекеттин өкмөттөрү эл аралык коомчулук алдында алган милдеттемелерин кандай аткарып жатканын билүү.

Дин жаатындагы абал сегиз мамлекетте өтө начар абалда деп айтылат. Алар
- Mайанмар, Кытай, Түндүк Корея, Иран, Судан, Эритрея, Сауд Арапстан жана Вьетнам мамлекеттери.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Түркмөнстан менен Өзбекстандын жарандарынын дин эркиндиги чектелүүдө. Ханворддун айтымында, Өзбекстандын өкмөтү кылымдардан бери калыптанып келаткан дин тутуу эркиндигине тыюу салганы менен айырмаланууда:

Тилекке каршы, Өзбекстанда диндин салттуу ыраатуулугу бузулган жагдайлар арбын. Ошондой эле Өзбек бийлиги өзү туура көрбөгөн дин агымдарын каттоодон өткөрбөй коет же болбосо тигил же бул агымдарды мыйзамсыз деп, таптакыр эле жуутпай салат.

Соңку жылдарда Түркмөнстанда абал абдан оор болуп келатса дагы, бул жылы айрым жылыштар бар, деп айтылат отчетто:

Коңшу Түркмөнстанда эки гана дин агымына мыйзамдуу уруксат берилип келген болсо эми бул мамлекетте 9 жаңы агымга каттоодон өтүүгө уруксат берилди. Биз түркмөн өкмөтүнүн мындай жаратмандыгы улантыла берет деген үмүттөбүз.

Мамлекеттик департаменттин баасы боюнча акыркы бир жылда орус бийлигинин мамилеси жөөттөргө жана мусулмандарга бир топ эле салкындаган. Ал эми реформа жолундагы Ооганстанда президент Хамид Карзайдын бийлиги талиптер тушунда калыптанып калган катаал эрежелерди бузуп, Конституцияда айтылган дин эркиндигин камсыз кылуунун аракетин жасоодо.

Эске сала кете турган жагдай – Мамлекеттик департаменттин бул отчетунда кайра-кайра сынга алынган мамлекеттерге Кошмо Штаттарынын өкмөтү санкция киргизиши ыктымал.

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШУУ УЮМУ ЭЛ АРАЛЫК КАДЫРЫН БЕКЕМДӨӨГӨ УМТУЛУУДА

Жума күнү Шанхай кызматташуу уюмуна кирген алты өлкөнүн премьерлери Тажикстандын башкалаасында чогулушту. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Орусиянын өкмөт башчылары бул ирет өз ара жол каттамын жакшыртуу жана энергетикалык экспорттун жаңы багыттарын өнүктүрүү жөнүндөгү документке кол коюшту. Чөлкөмдүк күчтүү биримдикке айланууну көздөгөн Шанхай кызматташуу уюмунун жыйынына коңшулаш Ооганстан, Иран, Индия, Пакистан жана Монголия делегациялары байкоочу катары катышышты.

Кол коюлган документтин маанисине токтолгон Казакстандын премьер-министри Даниел Ахметов Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында жаңы энергетикалык клуб түзүлүп жатканына билдирди.

-Биз дагы бир жолу энергетика жана автотранзит тармагындагы кызматташтык биздин өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу багыт экенин аныктадык. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүндө энергетикалык коопсуздук өзгөчө мааниге ээ экенине ынандык-дейт Ахмедов.

Орусиянын премьери Михаил Фрадков Борбор Азияда жаратылыш газынын жаңы коридорун куруу жана Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергетикалык кудуретин өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду. Фрадков ошондой эле Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр үчүн терроризм, баңги аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү зор мааниге ээ экенин белгилеп, жыйынга Ооганстандык делегация катышып отурганы баарыбыз үчүн пайдалуу деп басым жасады.

Ушул жылдын июнь айынан тарта Шанхай Биримдигине Кыргызстан төрагалык кылып жатканын эске салып, өкмөт башчы Феликс Кулов алдыдагы башкы максаттарды атай кетти:

-
Шанхай кызматташуу уюмунун төрагалык ролунда биз уюмдун дүйнөдөгү жана региондогу коопсуздук менен стабилдүүлүктүн кепили катары эл аралык позициясын бекемдөөгө аракет жасамакчыбыз. Ошондой эле бардык күч уюмга кирген өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен өз ара маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүүгө жумшалмакчыб
-деди кыргыз премьер-министри Кулов.

Дүйшөмбү шаарындагы бул жыйынга кайрылган чет элдик аналитиктер Шанхай кызматташуу уюму аркылуу Кытайдын Борбор Азиядагы таасирин арттыруу максатына көңүл бурушууда. Бул жыйын бейжиндик маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды. Кытай премьери Вен Жибао талкууланган бардык маселелер боюнча өз көз карашын билдирип отурду.

Венера Сагындык кызы

ТҮРКМӨНСТАН: “ЭРКИН ЕВРОПА/АЗАТТЫК” РАДИОСУНУН КАБАРЧЫСЫ ТҮРМӨДӨ КӨЗ ЖУМДУ

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадова абакта көз жумду. Бул жөнүндө анын жакындары “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиришти. Түркмөнстандын коопсуздук органдары Мурадованын өлүмүнө тиешелери жоктугун ырасташууда. Бирок анын туугандары жана укук коргоочулар Мурадова өлтүрүлгөн болушу мүмкүн дешүүдө.

Мурадованын өлүмү жөнүндө анын жакындары кечээ, 14-сентябрда кабардар болушкан. Кабарчынын туугандарынын бири “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маалымдагандай, Мурадованын балдары энесинин сөөгүн таануу үчүн моргго чакырылган. Бирок алар сөөктү көргөндүгү жөнүндөгү тил катка кол коюудан баш тартып, кетип калышкан.

Түркмөнстандын укук коргоочу уюмдары билдиргендей, кийинчирээк Мурадованын үй-бүлөөсү анын өлүгүн көрүп, маркумдун мойнунда тактар, башында болсо чоң жараат бар экенин айтып беришкен.

Хелсинки укук коргоо уюму Мурадованын өлүмүн “саясий өлтүрүү” деп сыпаттады.
Анын качан, кандай шартта көз жумганы белгисиз. Мурадова кайсы түрмөдө кармалып келгени да беймаалым.

Мурадованын жакындарынын айтымында, коопсуздук органдарынын өкүлдөрү журналистти табигый себептерден улам көз жумду дешип, бул ишке тиешелери жоктугун ырасташты.

Укук коргоочу Тажигуль Бегмедова болсо буга макул эмес:

-Анын эч жери ооручу эмес, ден соолугу абдан чың болчу. Камакка алынгандан кийин эле дары-дармек сурай баштады. Ошондо эле таң калганбыз: таптаза адам бир эле заматта оорукчан болуп калды деп. Эми мына өлүп калды, бийликтер ал оорудан көз жумду дешсе – бул калп.

Бегмедова Мурадованын балдары менен байланышып сүйлөшкөнүн айтат:

-Балдары сөөктүн көз карандысыз эксперттер тарабынан изилдениши жөнүндө талап койгондо, моргдун кызматкерлери аларды коркутуп-үркүтө башташкан.

Мурадованын туугандары айтып бергенине караганда, анын сөөгүн АКШ элчилигинин 2 кызматкери да көргүсү келген. Бирок аларга уруксат берилбей койгон. Элчилик бул маалыматты комментарийлей элек.

Мурадова быйыл июнда бир катар укук коргоочулар менен кошо камакка алынган. Улуттук коопсуздук министри Гелдимухамед Аширмухаммедов бир нече убакыттан кийин түшүндүргөндөй, кармалгандардын бири президент Сапармурад Ниязовду кулатууну көздөгөн кутумга катышкан.

Мурадова жана дагы 2 киши августтун этегинде мыйзамсыз ок-дары сактаган деген айып боюнча 7 жылга чейин түрмөгө кесилген.

Укук коргоочулар тагылган айыптар жасалма деп, процессти “адилеттүүлүктүн пародиясы” деп аташкан.

Сүрөттө : Огулсапар Мурадова уулунун үйлөнүү тоюнда, Ашгабат 2004-жыл.

КАРИМОВГО ЮНЕСКО СЫЙЛЫГЫ ЫЙГАРЫЛГАНЫНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР НААРАЗЫ

Эл аралык укук коргоочу уюмдар - президент Ислам Каримовго ЮНЕСКОнун “Боробудур” алтын медалын ыйгарууну сындап, нааразычылык билдиришүүдө. Сыйылык өзбек президентине “улуттар аралык достукту жана кызматташууну чыңдап, маданий жана диний диалогду өнүктүрүүгө, маданий көп түрдүүлүккө” кошкон салымы үчүн берилген. Укук коргоочу уюмдар Каримовду адам укуктарын “орой бузуучу” деп узактан бери атап жүрүшөт. Алардын айтымында, ЮНЕСКОнун сыйлыгын өзбек лидерине ыйгаруусу чоң жыңылыштык жана Улуттар Уюмунун саясатына каршы келет.

Президент Каримовго ЮНЕСКОнун сыйылыгын ыйгарууга каршы өнөктүктү Хюман Райтс Уоч жана Фридом Хаус сыяктуу таанымал эларалык укук коргоочу уюмдар башташты.

Вероника Сзенте-Гольдман- Хюман Райтс Уочтун Европа жана Борбор Азиядагы адвокаттык иштер боюнча мүдүрү. Вероника айым президент Каримовго “Борободур” алтын медалы берилгени тууралуу кабарды укканда, ал иштеген уюмда айран болушканын айтат:

- Биз муну өтө уят иш болду деп ойлойбуз. Биз жарыяны обол көргөндө аны эби жок тамаша го деп ойлогонбуз.

Сзенте –Гольдстондун сөзүнчө, диктаторду сыйлоо – БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын “адам укугу уюмдун бардык ишинин таразасы болуш керек” деген сөзүнө каршы жасалган кадам.
Фридом Хаустун программалар боюнча улук менеджери Александр Гарпун да анын уюмунда ЮНЕСКОнун чечимине таң калышканын билдирди:

- Фридом Хаус – жарандарды кырууга катышкан Өзбекстандын диктатору Каримовго сыйлык берүү чечимин айоосуз сындайт. Каримовдун режими уруп-кыйноолор жана башка адам укугун бузуулар үчүн жооптуу деп айыпталган.

“Боробудур” медалы көбүнчө маданий мурастарды коргоодогу салым үчүн берилет. Алтын, күмүш жана коло түрү бар медаль 1983-жылдан тарта ыйгарылып келет. Борjбодур - Индонезиянын Ява аралындагы 8-9-кылымдарга курулган буддалардын бутканасы. Атактуу сыйынткана 1970-жылдары ЮНЕСКОнун жардамы менен калыбына келтирилген.

Акыркы жылдары Өзбекстанда совет доорунда кароосуз калган бир катар баалуу эстеликтер, анын ичинде Амир Темирдин Самарканддагы күмбөзү оңдолуп, ажары ачылган.

ЮНЕСКОнун чөлкөмдөгү өкүлү Владимир Сергеев сыйылык жөнүндө маалымдап жатып6 алтын медаль Ислам Каримовдун тарыхый мурастарды коргоодогу эмгеги үчүн берилгенине ишаары кылды:

- ЮНЕСКОнун башдиректору Коичиро Мацура 8-сентябрда Өзбекстандагы сапарынын соңунда өлкө президентин Боробудур медалы менен сыйлаганын айтып койушум керек. Бул сыйлык Өзбекстандын өз аймагындагы маданий эстеликтерди сактоого кошкон чоң салымын ЮНЕСКО тааныганын күбөлөйт.

Хьюман Райтс Уочтун аткаруучу директору Харлли Картнер 12-сентябрда жасаган билдирүүдө президент Каримов “ЮНЕСКОнун жаңылыш чечимин анын репрессиячыл саясатын колдоонун жышааны ирети ички жана эл аралык пропаганда үчүн жетерлик пайдаланганы” белгиленет.

11-СЕНТЯБРДЫ КАЗАКСТАНДЫК ЖАНЕТТАНЫН АТА-ЭНЕСИ ЭСКЕРЕТ

2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяларда Кошмо Штаттарында жашап жүргөн көптөгөн чет элдиктердин да сөөгү сөпөт болгон. Алардын арасында казакстандык Жанетта да бар эле. "Азаттыктын" Казакстандагы кабарчысы Гүлзат Хамза Жанетта Цойдун күнү бүгүнгө күйүттө жүргөн ата-энесине барып жолуккан эле.

Раиса Цой Жанеттаны күндө эстейт, бирок жылдын ушул маалы ал үчүн айрыкча оор:

Ал биздин жалгыз кызыбыз эле. "Марш" компаниясында иштечү, Америкага ошондуктан кеткен. Ал ишке 27-сентябрда кирмек, бирок эки жума эрте 10-сентябрда, дүйшөмбү күнү иштей баштаган. Шейшембиде 11-сентябрдагы окуялар болуп кетти.

Түбү кореялык Жанетта Цой 32 жашта болгон. Америкада жашоого уруксат берген "жашыл карта" утуп алып, ата-энеси менен кош айтышып, 11 жаштагы кызы менен Нью-Йорккко көчүп кеткен. Ал Дүйнөлүк Соода Борборунун жогорку кабаттарында жайгашкан тобокелге салуучулукту башкаруу жана камсыздандыруу менен алектенген дүйнөдөгү эң ири фирмага ишке кирген. Жанеттага фирма Лос-Анжелес, Нью-Йорк, Сан-Францискодон бирин тандап ал дегенде ал Нью-Йоркко токтолгон экен.

11-сентябрда алыскы Казкастанда Цойдун үй-бүлөсү Нью-Йоркто болуп жаткан окуяларды теледен көргөндө өз көздөрүнө ишена алышкан эмес:

- Биринчи күнү телевизордон көрүп, эмне кылаарыбызды билбей калдык. Америкага улам кайра чалабыз, үч күн байланыш болбой койду, күткөндөн башка аргабыз калган жок.

Кошмо Штаттарынан кабар болбогон соң Жанеттанын фирмасы анын ата-энесин жол акысын төлөп, Нью-Йоркко жиберди. Алар Америкага 17-сентябрда келип, кызын издеп, жарым ай ооруканаларды түрө кыдырышты:

Биз ал табылат деген үмүтүбүздү үзгөн жокпуз, бир ооруканада жатса керек, таба албай жатышат деп үмүттөндүк.

Жанеттанын дайны чыкпаган соң, ата-энеси сентябрдын аягында Казакстанга кайтып келүүгө аргасыз болушту. Декабрда АКШнын бийликтеринен "Жанетта Цойдун сөөгүнүн калдыктары табылды, ДНК анализине жардам бергиле" деген кабар келди. Жанеттанын атасы Валерий Цой буларды эскерет:

2002-жылдын апрелинде алар ЦРУдан ДНК анализин жиберишти. Ал табылган сөөк Жанеттаныкы экендигин көрсөттү. Алар биздин ДНКабызды сурашты, кийин анын кийген кийимдеринен, дагы башка нерселерди сурашты, аларды да жибердик. Булардын баары алардын колундагы материалдар менен окшош болуп чыкты.

Жанеттанын ата-энесинин айрыкча күйүнгөнү, анын сөөгү Дүйнөлүк соода борборунун чыга беришинен табылыптыр, демек балким бир-эки мүнөт убактысы болгондо, тирүү калмак.

Валентин Цой башка эч бир ата-эненин башына мындай мүшквл түшпөсүн деп тилейт:

- Биз мындай оор трагедия кайталанбасын деп тилек кылабыз. Бул тууралуу ойлогондун өзү да оор.

Бул күндөрү Жанеттанын урук-туугандары аны эскерүүгө чогулушууда.

АНЖЫЯН КЫРГЫНЫ ТУУРАЛУУ ЖАЗГАН АКЫН СОТТОЛУУДА

Ушул күндөрү Ташкенде Анжиян кыргыны тууралуу ыр жазган ырчы акындын үстүнөн сот иши улантылды. Жабык өткөн кечээки сот жыйынында Дадахан Хасанов бардык коргоочулардан жана адвокаттардан баш тартты. Укук коргоочулар акынга Ички иштер министрлиги тарабынан кысым көрсөтүлүп келгендигин айтышууда.

Президентин буйругу менен,
Калашниковдун окторунан,
Калк ок жеп куйругунан,
Анжиянда кыргын болду.

Көчөдө өлдү балдар,
кызыл-тазыл кызгалдактар.
Какшап ыйлап энелер,
Анжиянда кыргын болду.

Мына ушул саптардын ээси белгилүү акын жана аткаруучу Дадахан Хасановдун үстүнөн сот иши 5-сентябрда Ташкенде уланды. Буга чейин жайында эки сот жыйыны болгон эле. Ушул аптадагы жыйындын алдында Хасанов Азаттыктын кабарчысына телефондон буларды билдирген:

- Сот баштала элек, байкоочуларды киргизбей жатышат. Адвокаттар нааразы болгон окшойт, келерки жолу киргизебиз дешкен. Укук коргоочулар жана байкоочулар сотко катышууну каалагандардын тизмесин берген. Сот тизмени изилдеп чыгып, киргизебиз дешкен. Бирок кийин киргизбей коюшту.

Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгечи тобу билдиргендей, өткөн бир айдын ичинде Хасановго тартип коргоочулар тарабынан адвокаттардан баш тартууга кысым көрсөтүлүп келген. Айткандай эле шейшембиде сот башталганда эле Хасанов соттун адвокаттарсыз өтүшүн кааларын билдирди. Ушундан улам сот "айыпталуучу Дадахан Хасановдун бардык коргоочуларын жана адвокаттарын сотко катыштырбоо өтүнүчүн канааттандыруу" тууралуу чечим кабыл алды. Коомдук коргоочу менен адвокаттын залда байкоочу катары болуп отуруу суранычы да кабыл алынган жок.

Процесске байкоочу катары катышуу нийети менен соттун алдында алтымыш чакты киши келди. Алардын арасында чет элдик дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик журналисттер, ар кыл коомдордун жана топтордун укук коргоочулары жана Ташкендин тургундары болгондугун Фергана.Ру сайты жазды. Алардын эч кимиси сотко катыштырылган жок.

Ушул эле булакка ылайык, коомдук тартипти коргоого Ташкен шаарынын ички иштер бөлүмүнүн террорчулук жана экстремизм менен күрөш бөлүмүнүн 20дан ашык кызматкери жана Өзбекстан Республикасынын Ички иштер Министрлигинин терроризм жана экстремизм боюнча башкы башкармалыгынын жөнөкөй кийинген 12 чакты кызматкери тартылды.

Анжиян кыргыны тууралуу ырдын жана анын авторунун үстүнөн сот иши жакынкы күндөрү уланат деп күтүлүүдө.

КАЗАК ОППОЗИЦИЯЛЫК САЯСАТЧЫСЫН ӨЛТҮРҮҮ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ СОТ АЯКТАДЫ

Нарын АЙЫП, Прага Казак оппозициялык саясатчысы Алтынбек Сарсенбаевдин февралда өлтүрүлгөнү менен байланыштуу сот иши 14-июнда башталып, 31-августта аяктады. Бир адам өлүм жазасына кесилип, калган тогуз киши ар башка мөөнөткө кесилди, бирок оппозициянын айтымында, чыныгы күнөөлүүлөр кармалган жок.

Талды-Курган шаарында өткөн сотто полициянын атайын күчтөрүнүн мурдагы кызматкери Рустам Ибрагимов Сарсенбаевди өлтүргөн деп табылды жана өлүм жазасына кесилди. Саясатчыны өлтүрүүгө буйрук берген деп казак парламентинин өйдөкү палатасы, Сенаттын аппарат башчысы Ержан Утембаев табылды жана ал 20 жылга эркинен ажыратылууга кесилди.

Сот Лукмат Мерекеновдун айтымында, мындан бир нече жыл мурда гезитте чыккан интервьюда Сарсенбаев Утембаевди катуу сынга алган жана ал үчүн кек санап калган Утембаев Ибрагимовко 60 миң доллар берип, Сарсенбаевди өлтүрткөн: "Өз-ара мамилеси өтө начар болгондуктан, Утембаев Ибрагимовдон - Сарсенбаевди сабап берүүнү сураган, бирок Ибрагимов - Сарсенбаевди өлтүрүп салууну сунуштаган жана Утембаев ага макул болуп, Ибрагимовко ал үчүн 60 миң доллар берген", - деп билдирди сот Мерекенов. Ишке катышкан деп күнөөлөнгөн дагы сегиз адам үч жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө кесилди.

Кырк төрт жаштагы Сарсенбаев оппозициянын идеологу болуп эсептелчү, мурда ал маалымат министри, Коопсуздук кеңешинин катчысы, андан соң Казакстандын Маскөөдөгү элчиси болуп иштеген, бирок 2004-жылы оппозицияга кошулуп кеткен. Үстүбүздөгү жылдын фералында ал дайынсыз жоголгон. Сарсенбаев, анын жан сакчысы Бауыржан Байбосын жана айдоочусу Василий Журавлевдун денелери үч күндөн кийин, 13-фералда Алматынын алдында табылган. Алар үчөө тең башка атып өлтүрүлгөн, алардын баарынын колдору артында байланган.

Соттун чечими коомдо ар башка кабыл алынды. Оппозиция жетекчиси Жармахан Туякбайдын айтымында, чыныгы күнөөлүлөрдү табууга бийлик кызыкдар эмес: "Башка шектүү адамдарды таап соттоого бийлик кызыкдар эмес. Анткени андай адамдар жогорку жетекчиликте отурат деп коркушат. Негизги максат - абалды ушул бойдон калтырып, тергөөнү токтотуу жана кармалган адамдарды негизги күнөөлүү кылып көрсөтүү", - дейт Жармахан Туякбай.

Соттолгондордун айтымында, аларды тергөө учурунда күч менен күнөөнү моюнга алдырышкан. Өлүм жазасына кесилген Ибрагимовдун айтканына караганда, эгер ал чындап эле Сарсенбаевди өлтүрүүнү көздөгөн болсо, анда өлгөндөрдүн денелери эч качан табылбагандай кылып уюштурат болчу жана өзү дароо өлкөдөн качып чыгып кетмек.

Сарсенбаевдин туугандары болсо сотко келүүдөн да баш тартты, анткени, алардын айтымында, биринчиден, сотто айтылып жаткан күнөөлөр менен башка маалыматтарга алар башынан тартып ишенген эмес. Экинчиден, сотко келүү менен анын чечимин алар жактыргандай болмок.

И. КАРИМОВ САЯСИЙ КЛАНДАРДЫН САЗАСЫН ТАРТАБЫ?

Өзбекстандын саясий системасында жакында олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Президент Ислам Каримов буга чейин саясий кландардын эгей-шыгай теңдемин сактап келсе, эми аларды алсыратып, бийликтин баарын жеке өз колуна топтоону чечкен сыяктанат. Айрым аналитиктер мындай кадам түбү барып Каримовдун өзү үчүн опурталдуу болот,анткени бийликтен оолактатылган кланбашчылары президентти кулатканы ар кандай кутумдуктарга барышы ыктымал дешет. Ошол эле учурда Каримовго каршы козголоң чыгарына көбү ишенбейт.

Ислам Каримов соңку он беш жыл ичинде жогорку бийликтеги адамдарды каалагандай калчап,бир орунда көпкө отурганга мүмкүндүк бербей, муну менен тизгин талашканга жарайт деген атаандаштарын жыдытып келди. Ошол эле учурда ал өлкөдөгү айрым таасирдүү кландардын саясий жана экономикалык жигер-жиңкинин курутканга да үлгүрүп турду.

Лондондогу Chatham House аналитикалык борборунун Россия жана Евразия программасынын башчысы Жеймс Никсей жакында Каримов кландарга дагы бир жолу өзөртө сокку уруп, ушу тушта өзгөчө күчтөнүп алды деген ойдо. Никсейдин баамында, жогорку бийлик тепкичтериндеги өзгөртүүлөр министрлерди которуштуруп, эч кимге күчтөнүп алганга жол бербеген эски ыкманын эле өзү. Бул ыкма Каримовдун көзү тирүү турганда анын режими улана берерине чындап эле кепилдик берет. Былтыр коңшулаш Кыргызстанда болгон окуядай элдик козголуш чыгып кетерине да Никсей көп ишенбейт. Никсейдин айтымында, Анжиандагы калаймандан соң өзбек калкы катуу коркуп калды.

Эң кызыгы – Каримовго теңата болгусу келгендер президенттин өз кланынан – Самаркан жаатынан чыкканында. Исмаил Журабеков президенттин кеңешчиси болуп турганда аны көбү Каримовдун атаандашы деп санай баштаган эле. Бирок мындан эки жыл мурда анын кыңыр-кыйшыны чукулуп, кызматтан куулуп ташталды. Былтыр кеч күздө ден соолугуна шылтоолоп Зокир Алматов да ички иштер министрлик кызматынан кетти, ал көп жылдар бою өкмөттө иштеп,самаркан жаатынан атан төөдөй өкүлүнө айлана баштаган эле. Каримов анын ордуна ташкен кланын өкүлү, коопсуздук кызматынын директорунун орунбасарын дайындады. Ошол эле учурда ташкендиктердин таасирдүү башка бир өкүлү Гадыр Гуламовду былтыр коргоо министринен алып, кызмат абалын кыянат пайдаланганы үчүн узак мөөнөткө түрмөгө кестирип жиберди.

Британиянын Ташкендеги мурдагы элчиси Крейг Мюррейдин эсебинде,Өзбекстанда олигархия жамаатына кошулганды жакшы көргөн кишилер көп. Чириген бай деп айткыдай бир нече жүз үй-бүлө болгон,алар чындап эле режимдин үзүрүн көрүшкөн. Эми ошол чөйрө тарыгандан тарып баратат,Каримов аларды өз үй-бүлөсүнүн пайдасын көздөп чектей баштады, дейт Мюррей.

Мюррейдин айтымында, экономикалык капитал азыр Каримовдун чоң кызынын колуна топтолду. Гулнора Каримованы Өзбекстандагы эң кирешелүү тармактарды,анын ичинде мунай, газ жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөйт дешет. Мындай абал, экс-элчинин айтымында, өктөөсүн ичине каткан саясий лидерлердин көбөйүшүнө алып келди, алар эми удулу келсе Каримовдун өзүн кулатууну көздөп калышты. Башка байкоочулардан айрымаланып, Мюррей Өзбекстанда козголоң чыгып кетиши ажеп эмес деген ойдо. ”Ичинен кекенген көп адамдар бар,аларды мен “жаңы утулгандар” деп атаар элем. Эгер жакшылап баам салып көрсөңөр, кечээ эле Каримовдун жанында жүрүп, эми чийинден тышкары калган көп кишилерди байкаса болот, көбүнүн экономикалык кызыкчылыктары, активдери Гулноранын энчисине ооп кетти. Өнөгүн тарттырган ошол өзбектердин баары мартабалуу болгонду өтө жакшы көрүшөт,кокус бир удулу келип калса,алар азыркы режимди төңкөрүп салгандан кайра тартпайт, дейт Мюррей.

Ташкендик көз карандысыз социолог Баходир Мусаев болсо Каримовдун режими элге өтө жек көрүндү болуп калганын белгиледи. “Иш жүзүндө Каримов коколой жалгыз калган адам, аны эч кимдин көргүсү жок. Кокус ден соолугу солкулдай түшсө, анын үй-бүлөсүн эл тытып кетиши мүмкүн”, - дейт Мусаев.

КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДИК КҮНҮН МАЙРАМДООДО

Кыргызстан бүгүн эгемендигинин он беш жылдыгын белгилеп жатат. Бишкектеги башкы майрамдык салтанант борбордук Алатоо аянтында өттү. Ага президент Курманбек Бакиев катышып, жалпы калайык калкты көз карандысыздыкка ээ болгон күн менен куттуктады.

















ЯПОН КАПИТАЛЫ КАЗАКСТАНДЫ ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ИРИ УРАН ӨНДҮРГҮЧКӨ АЙЛАНТАТ

Казакстан жакынкы жылдары Японияга уран сатууну кескин көбөйтмөк болууда. Жыл башында “Казатомөнөркесип” компаниясы өлкө түштүгүндөгү уран кенини иштетүү боюнча япониялык эки чоң компания менен келишим түзгөн. Келишимге ылайык, Sumitomo жана Kansai электр компаниялары чү дегенден кенге 100 миллион доллар инвестиция салат. Япон тарап Казакстан менен уран өндүрүүдө кызматташууга өтө кызыкдар экенин премьер-министр Койзуми 28-августа Астанага болгон сапары учурунда ырастады.

Казакстан жакынкы жылдары япониялык капиталдын жардамы менен уранды өндүрүүнү кескин көбөйтөт. Бул жөнүндө премьер-министр Дзюнтиро Койзуминин 28-августта Астанада болгон сапары учурунда тараптар ырасмий түрдө билдиришти.

Казакстан жана Япония ортосунда Атом өнөр жайында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлгандан кийин Койзуми эки тарап уран өндүрүүдө чогуу иштеше турганын айтты:

-Атом кубаты жаатындагы, анын ичинде уран өндүрүүдөгү кызматташуу болочоктуу тармак. Кол коюлган меморандумга ылайык, биз эми келишимдин үстүнөн иштей баштайбыз.

Япония атом энергиясын өндүрүү боюнча Кошмо Штаттары менен Франциядан кийинки үчүнчү орунда турат жана жылына 8 миң тонна уран керектейт. Уран атомдук реакторлордун негизги отуну.

Казакстан урандын кору боюнча дүйнөдө Австралиядан кийинки экинчи орунда турат. Өлкөдө жылына 5 миң тонна уран өндүрүлөт, өзүндө АЭСи жок болгондуктан, бардык уранды экспортко АКШ, Кытай, Япония жана Түштүк Кореяга сатат.
Адистердин айтымында, Казакстандын чалгындалган кору жылына 1 миллион тонна уран өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

“Казатом” компаниясынын жетекчилеринин бири Сейилкан Кабаевдин “Азаттыктын” Алматыдагы кабарчысына айтышынча, келерки эки-үч жылда Казакстан уран өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгат:

-Казакстан уран өндүрүүдө азыр дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Бирок, бир-эки жылда биринчи орунга чыгайлы деп жатабыз.

Анүчүн, “Казатом” жакынкы 3- 4 жылда 12 кенди ишке киргизип, 2010-жылга уран өндүрүүнү 12 миң тоннага жеткирет.
“Казатомдун” вице-президенти Малкас Цоцориянын сөзүнө караганда, эки-үч жыл ортолугунда Японияга 2 миң тонна уран сатууну болжолдоодо. Андай болгондо, Япония керектеген урандын 25 процентин Казакстандан алып калат.

Мунайдын баасы ылдам кымбаттап бараткан шартта электр керектөөчү ири өлкөлөр атомдун кубатын пайдаланууга көп көңүл бурушууда. Алсак, мунайга тартыш Япония менен Түштүк Корея, ошондой эле экономикалык кубаты тез өсүп бараткан Кытай жана Индияда келечекте атомдук станциялар дагы көбөйөт.

Дүйнөлүк ядролук ассоциациянын маалыматы боюнча 2005-жылы дүйнөдө курулуп жаткан 35 реактордун 13 Кытай, Тайван жана Индияга таандык болгон.

Эгерде акыркы 16 жылда урандын баасы дээрлик төрт эсеге, анын ичинде акыркы бир жылда 160 процентке өскөнүн айтсак, Казакстандын уран долбоору экономикалык өсүүгө олуттуу түрткү болору шексиз.

ӨЗБЕК ЫРЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗДАРДЫ ЭГЕМЕНДИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАШАТ

Бишкектеги “Фаризат” ресторанында эгемендүүлүк күнүнө арналып кыргыз өнөрпоздору менен катар өзбек эстрада ырчыларынын катышуусундагы майрамдык кече өтөт.

“Мега kg” продюсердик борборунун демилгеси менен уюштурулуп жаткан бул кечеде элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бир катар кыргыз ырчылары жана бий топтору ырларын тартуулашат. Ошондой эле Өзбекстандын эстрада ырчылары түз телебайланыш аркылуу кыргыз элин эгемендүүлүк майрамы менен куттукташып, жаңы тартылган клиптерин сунуш кылышат. Бул туурасында аталган борбордун жетекчиси Алексей Сидоров биз менен болгон маегинде кабарлады.

-Кечеде өзбек ырчылары Шахзода, Шахриер жана Диджей пилигримдин буга чейин көрсөтүлө элек жаңы клиптери кыргыз элине майрамдык белек катары тартууланат. Ошондой эле ал ырчылар түз байланышта Кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттукташат.

Кеченин уюштуруучуларынын бири Гузаль Ахмедованын айтымында бул маданий иш-чарада ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналып тартылган атайын сюжеттер да көрсөтүлөт.

-Бул майрамды өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын он беш жылдыгына арнап өткөрүп жаткан соң, биринчи кезекте мамлекетибиз туурасында тартылган видеолорду көрсөтөбүз.
Менин оюмча бул кече көңүлдүү өтөт. Себеби программада бир эле кыргыз жана өзбек ырлары жаңырбастан, башка улуттардын бийлери да тартууланат. Салтанаттын алып баруучулары дагы бир эле орус же кыргыз тилинде сүйлөбөстөн, башка да тилдерде алып барышат. Андыктан кечеге кайсы гана улуттун өкүлдөрү келбесин баарына түшүнүктүү болот деген ойдомун.


Кечеде ошондой эле ар түрдүү оюндар ойнотулуп, келген конокторго уюштуруучулардын атынан белектер тапшырылат. Ар бир конок демөөрчүлөр даярдаган белектерге ээ болуп кайтат. Мисалы суусундуктар, таттуулар, футболка жана башка белектер. Бул кечеге кирүү акысы 450сом. Бул акчанын ичине ресторанда берилүүчү тамак-аштар да кирет.

-“Эгерде биз спорт ордосунда же башка чоң имараттарда өткөрсөк анда билеттин баасын арзаныраак кылат элек. Ал эми ресторанда андай кылууга мүмкүн эмес. Керек болсо бул иш-чарадан бизге эч кандай деле акча артпайт. Болгону майрам күнүндө элибизге биздин борбордун атынан белек болсун деп эле бул кечени уюштуруп жатабыз”-дейт “Мега kg” продюсердик борборунун жетекчиси Алексей Сидоров.

Ал эми күз айларында аталган борбор Өзбекстандын мыкты деген ырчыларынын катышуусунда дагы бир иш-чараны өткөрүүнү ниет кылууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек

ӨЗБЕКСТАН КАЙДА БАРАТАТ?

1-сентябрда Өзбекстан эгемендик күнүн белгилейт. Президент Ислам Каримов өзбек коому жана анын 26 миллиондон ашуун калкы саясий өнүгүүнүн заманбап жолу – эркиндиктин жана демократиялык реформалардын нугунда алгалап баратканын тажабай айтып жүрөт. Бирок чыныгы абал, жергиликтүү жана чет элдик байкоочулардын айтымында, таптакыр башкача: өлкөдө адам укуктары айласыз басмырланат, эркиндик барскан алдында калган, азыркы режимге кылайган сын айткан адам айныксыз жазаланат. Эксперттер өлкөнүн эртеңки келечегин болжоп айткандан да тайсалдашат.

Эксперттер менен байкоочулардын көбү Өзбекстан эгемендик жылдары өзүнө жалаң гана жаман аброй ашырды деген көз карашта. Ташкендик социолог Баходир Мусаевдин сөздөрүнө караганда, көз карандысыздыгын жарыялаган он беш жылдан кийин Өзбекстан баштапкы мөлчөрүнө кайтып келди, социалдык алааматка болбосо да туюк жарга кептелди. 1991-жылы,мисалы, Казакстан менен Өзбекстан бирдей абалда турса, азыр ортодо асман-жердей аңырайган айрыма түзүлдү, дейт Мусаев.

Британиянын Ташкендеги мурдагы элчиси Крейг Мюррей өзбек режимин региондогу бардык өлкөлөрдөн,кала берсе Түркмөнстандан да жаман деп мүнөздөдү. Экс-элчи өлкөдө зобун-зомбулук жайылып баратканын,Түркмөнстанга салыштырганда Өзбекстанда режимден жабыр-жапа тарткандар алда канча көп экенин белгиледи. Анжиандан кийин репрессия айныксыз күчөдү, оппозициячыл, динчил кишилер бирдей куугунтукка кабылууда, дейт Мюррей.

Өзбек өкмөтү былтыртан тартып чет элдик бейөкмөт жана гуманитардык уюмдарды да кысымга ала баштады,алардын көбү жабылды,калгандарына иш козголду. Маалымат каражаттары катаң көзөмөлгө алынды,чет элдик журналисттердин көбү өлкөдөн чыгып кетишти. Оппозициялык партиялардын мүчөлөрү жана укук коргоочу активисттердин бир даары түрмөгө түштү, бир даары чет жактарга качып кетишти. Өлкөдө калган үркөрдөй бир нече активисттердин бири Бахтиар Хамраевди жакында эле британдык дипломаттардын көз алдында сомодой жоон топ жигиттер көк ала койдой кылып сабап салышты. Экинчи бир активист,публицист Мотабар Тожибаева түрмөдө ур токмокко алынды.

Өлкөдө экономикалык кырдаал да керагар кетип баратат. Чет элдик инвесторлор өкмөттүн өмгөкчүл кысым-кыйкымына туш болушту. Акыркы айда эле өлкөдө чет элдик бир катар ишканалар менен компаниялар жабылды.

Дегиси Өзбекстан кайда баратат? Крейг Мюррей ушу тапта Өзбекстан айныксыз түрдө саясий жана экономикалык изоляционизмге баратканына ишенет. Элдин басымдуу көпчүлүгү тоюнбаган топор, жарыбаган жакыр абалда жашайт, ал эми бир ууч кишилер, президент Каримов өзү баш болуп үкүнүн уясында турушат. Элдин нааразылыгы ичине батпай баратат,мындай абал эртедир-кечтир ириңи толгон жарадай болуп чарт жарылып кетиши мүмкүн.

Эл аралык кризис тобунун Борборазия программасынын директору Майкл Холл саясий бейстабилдүүлүк,жумушсуздуктун жана коррупциянын жайылышы,диссиденттерге каршы репрессиянын күч алышы ички кыйын кырдаалга кошул-ташыл болорун эскертти. Буга кошумчалап ал дагы бир проблеманы,атап айтканда, “Хузб-ут-Тахрирдин” басымдуу көпчүлүк мүчөлөрү жалаң жаштардан турарын да эске салды.

Ташкендик социолог Баходир Мусаевдин айтымында, өлкө азыр башкарылбас абалга жетип калды, ал болгону ормон опузанын, желим таяктын, каруу-жарактын күчү менен гана кармалып турат. Абалдан чыгуу үчүн өзбек социологу азыркы саясий системаны бузуп, кайра куруу талап кылынат деп эсептейт. Ансыз өлкөдө калктын калың катмары мындан ары да жакыр-басыр тарткан сайын терроризмдин өнүгүшүнө эпсиз чоң социалдык база түзүлөт. Бу жерде ислам факторун айтып отуруунун эч кандай кажети жок, демографиялык фактордун өзү өлкөнү ушуга алып баратат,Каримовдун режими иш жүзүндө банкротко учурады, дейт ташкендик социолог.

КОИДЗУМИ КАЗАКСТАНДА

Япониянын премьери Дзюнитиро Коидзуми дүйшөмбү күнү Казакстанга келди. Астанада ал президент Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өркүндөтүүнү караган айрым документтерге кол коюшат. Андан соң япон премьери сапарын Ташкенде улантат. Киодо Цусин маалымат агенттигине берген интервьюсунда президент Ислам Каримов Япония менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлыгын өзгөчө белгиледи.

Соңку он беш жыл ичинде Япония региондогу өлкөлөргө жалпы эсепте 2,5 миллиард доллардан ашуун экономикалык жардам көрсөттү жана алардын жылуу ыкыласын алганга жетишти. Быйыл июнда эле япондуктар региондогу төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Токиодо жыйын өткөрүп,көп тараптуу кызматташтыктын жолдорун талкуулады.

Лондондук аналитик Кристофер Хууд япон премьеринин сапарын региондун мунай жана газы үчүн жүрүп жаткан жарыштын бир бөлүгү катары баалады. Япония жакшы мамилесин озунуп өнүктүрүп алганга дама кылууда, дейт ал. Бул ойду Киодо Цусин агенттиги да ырастап,”региондогу таасирин арттырганы Япония Кытай,Россия жана АКШ менен атаандашканга даяр” экенин жазып чыкты.

Коидзуми регионго биринчи ирет келип отурат. Токиодон аттанып жатканда ал Японияны Борборазиянын табигый ресурстары, биринчи кезекте энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү кызыктыра турганын жашырган жок. “Жакынкы Чыгыштан келчү мунайга гана байланып калууга болбойт”,- деп айтты ал. Япония ушу тапта өзү керектеген бүткүл мунайдын 80 процентин Жакынкы Чыгыштан алат. Япониянын Казакстандагы элчиси Тетсюо Ито энергия менен камсыз кылуунун стабилдүү булагы катары Борборазиянын табигый байлыктарына Токио өзгөчө маани берерин кошумчалады.

Токиону мындан тышкары жакынкы аралыкта жалпы азиялык рынок түзүүнүн келечеги да кызыктырат. Япон элчисинин айтымында, Борборазияда орток рыноктун түзүлүшү айрыкча Казакстан,калган өлкөлөр,анын ичинде Япония үчүн да өтө пайдалуу болмокчу.

Коидзуми Астанадан соң Ташкенге келет жана президент Каримов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапарынын соңунда Самарканда болот. Былтыр майдагы Анжиандагы окуялардын айынан Батыш,анын ичинде АКШ менен алакасы тоңбий тартып кеткен Өзбекстанга атайын кайрылып, япон өкмөт башчысы муну менен региондогу стабилдүүлүктү бекемдөөгө Токио кызыкдар экенин белгилегиси келет.

АКШдагы ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫ МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛҮҮДӨ

Нарын АЙЫП, Прага 25-августта кечинде Ташкенге Америкадан 41 качкын кайтып келүүгө тийиш. Алар былтыр май айында Анжиян шаарында болгон окуядан кийин Кыргызстанга качкан жана кийин июлда Бишкектен Румынияга жөнөтүлүп, андан соң АКШнын ар башка шаарларына көчүрүлгөн.

Качкындар эмне үчүн кайрадан Өзбекстанга кайтып келип жатканы тууралуу ар башка пикирлер айтылууда. Көп качкындын балдары, үй-бүлөсү Өзбекстанда калган жана өз туугандарынан алыста жүрүү, башка эл арасында, чочун маданиятта жашоо бир топ кыйын. Кайтып келип жаткан 41 качкындын бири, Санжарбек деген жигит "Азаттыктын" кабарчысы Гүлноза Саидазимова менен 23-августта телефон аркылуу маектешкенде минтип билдирди:

"Мекенибизди сагынгандыктан кетип жатабыз. Ата-энебизди, аялдарыбызды, балдарыбызды сагындык. Биз алар менен телефон аркылуу сүйлөштүк, алардын айтымында, Өзбекстанда биз үчүн эч коркунуч жок, эч кыйынчылык болбойт жана өкмөт бизди куугунтуктабай турганы жөнүндө кепилдик берип жатат. Биз ошого ишенип жатабыз", - дейт Санжарбек.

Маалымат каражаттарында дагы бир себеп келтирилүүдө. Өзбекстанда абакта отурган жана "Акрамия" деген уюмду негиздеген деп күнөөлөнгөн Акрам Юлдашев ал качкындарга кат жазган имиш. Ал катта Юлдашев - чет өлкөлөргө качкан адамдардын баарын Өзбекстанга кайтып келүүгө чакырган. Сүргүндө жашаган оппозициялык өзбек саясатчысы Мухаммад Салихтин айтымында, Акрам Юлдашев менен президент Ислам Каримов өзү жолугуп-сүйлөшкөн деген маалымат бар. Каримовдун айтымында, качкындар Өзбекстанды бүткүл дүйнөгө шерменде кылды жана эгер Юлдашев алардын баарын кайтарып берсе, ал абактан бошотулат.

АКШда жашаган өзбек окумуштуусу Баходир Файздын айтымында, качкындарды кайтыруу ишинде Өзбекстандын АКШдагы элчилигинин салымы зор. Элчиликтин кызматкерлери качкындар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга авиабилет алып берүүгө жардамдашкан жана көптөгөн башка убада берилген:

"Качкындар бир топ опузаланган. Алардын туугандары Өзбекстанда калганын билесиңер. Алардын айрымдары түрмөдө отурат, кээ бирлери Анжиян окуясына чейин эле абакка түшкөн, башкалары ошол окуя менен байланыштуу кармалган. Ошол абактагылардын жаза мөөнөтү кыскартылат, же алар такыр эле эркиндикке чыгарылат деген убада берилген", - дейт Файз.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда ошол эле АКШдан 12 өзбек качкыны мекенине кайтып келген. Бирок айрым башка качкындар өзбек өкмөтүнө ишенбейт жана алардын кайтып келүү ниети жок. Швецияда жашаган укук коргоочу Мухиддин Курбановдун айтымында, президент Каримовдун бир да сөзүнө ишенбеш керек. Мисал үчүн, 1999-жылдагы жардыруулар менен байланыштуу өлкөдөн качып чыккан адамдар кайра кайтып келсе, алардын баарынын коопсуздугуна кепилдик берилет деп, Каримов ал тууралуу 2000-жылы мунапыс да жарыялаган. Бирок алар кайтып келгенден кийин, көпчүлүгү камалган жана көптөгөн кыйноодон кийин күнөөлөрүн мойнуна алууга аргасыз болгон дейт Курбанов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG