Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:34

Борбор Азия

ӨЗБЕКСТАНДА ОППОЗИЦИЯ АКТИВИСТИ ОН ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

Өзбекстанда оппозициянын дагы бир өкүлү эркинен ажыратылды. Ташкендин соту "Күнөстүү Өзбекстан" деген коалициянын мүчөсү Надира Хидоятованы бир катар экономикалык кылмыштарды жасаган деген айып менен он жылга түрмөгө кести. Бирок Хидоятованын жактоочулары сот ишинин саясий жүйөөсү бар деп эсептейт. Былтыр май айында Андижандагы кандуу окуялардан кийин, "Күнөстүү Өзбекстан" коалициясы өзбек бийлигин кескин сынга алып, президент Ислам Каримовдун кызматтан чегинүүсүн талап кылган эле.

38 жаштагы ишкер Надира Хидоятова "Күнөстүү Өзбекстан" деп аталган оппозициячыл маанайдагы уюмда ал былтыр апрелде түзүлгөндөн тартып, координатор болчу. Декабрь айында Ташкенттин аэропортунан Москвадан кайтып келгенде камакка алынган. Орусиялык маалымат каражаттар анда Хидоятова Москвада басма сөз жыйынын өткөрүп, Орусияны президент Ислам Каримовдун режимин колдоону токтотууга жана Өзбекстанда адам укуктарын бузуу кеңири жайылганын моюнга алууга үндөгөнүн кабарлашкан эле.

Эми ал Ташкентте соттун шаршембидеги чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылды. Прокурорлор болсо соттон айыпкерди 12 жылга кесүүнү суранышкан болчу. Сот жараянында төрагалык кылган судья Закиржон Исаевдин айтымында, Надира Хидоятова "мамлекетке зыян алып келген оор, өзгөчө оор кылмыштары үчүн" күнөөлүү деп табылды. Атап айткан ал салык жашырган, арам акчаны адалдаган жана уюшкан кылмыштын топтун мүчөсү болгон. Соттун чечимине ылайык, Хидоятова жетектеп келген ишкана мамлекетке 230 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү салыкты кайтаруусу зарыл, ал өзү түрмөдөн чыккандан дагы үч жылга чейин эч кандай жооптуу кызматка алынбашы керек.

Сот анын ишканасы мындан үч жыл илгээри Орусиядан Өзбекстанга ондогон тонна гречка импорттогон учурунда салык жашырган деген тыянакка келди. Хидоятованын адвокаты Олег Бабенконун пикирнде коюлган күнөөлөр далилденген жок, андыктан эми ал жогорку инстанциядагы сотко аппеляциялык арыз бермекчи. Сот жараянын байкоо салган ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов Надира Хидоятова саясий жүйөөдөн улам гана эркинен ажыратылды деген ойдо:

-Коюлган айыптар толугу менен далилденген жок. Сот залындагы байкоочулардын көбү бир да айып далилденбегенине күбө болушту. Мен Надира Хидоятованын соттолушу жогорудан берилген буюрукка ылайык ишке ашырылды деп эсептейм. Мунун негизги эле жүйөөсү - ал апрелден бери "Күнөстүү Өзбекстан" коалициясында активдүү иштегенинде.

Эки өспүрүм баласы бар Надира Хидоятовага камакка алынгандан бери абакта үй-бүлөсү менен кездешүүгө мүмкүндүк берилген эмес. Кызы Малика сот өкүмү окулган соң "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына буларды айтты:

-Ал - каарман аял. Өзүн бекем кармап турду. Албетте, көңүлү чөгүнкү болду. Акыркы мүнөткө чейин бошотулам го деген үмүттө турган. Төрт жаштагы уулу да эненин мээримине муктаж. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Өзүн жакшы кармап, күлүп турду. Түрмө сыз да, бир аз ооруп, арыктап калган.

Надира Хидоятова саясий иши үчүн мурда да камалган. Анда Өзбекстандын АКШдагы мурдагы элчиси, сүргүнгө кетип, оппозицияга кошулган Бабур Маликовго кол кабыш кылганы жүйөө болгон экен.

Надира Хидоятова - "Күнөстүү Өзбекстан" коалициясынын куугунтукталып жаткан жалгыз мүчөсү эмес. Бул уюмдун төрагасы ири ишкер Санжар Умаров да азыр түрмөдө. Умаров экономикалык кылмыш жасаган деген айып менен былтыр октябрда кармалып, сот январда башталган.

Ага карата да сот өкүмү ушул шаршембиде чыгарылары күтүлгөн эле, бирок 6-мартка чейин калтырылды.

КАЗАКСТАН АТОМ ЭНЕРГЕТИКАСЫН ӨНДҮРҮҮНҮ ЧЕЧТИ

Нарын АЙЫП, Прага 20-февралда казак өкмөтүнүн чечими менен атайын жумушчу топ түзүлдү. Жыйында кабыл алынган чечим боюнча, ал топ өлкөнүн 2030-жылга чейинки өзөктүк кубат энергетикасын өндүрүү боюнча атайын программа иштеп чыгат.

Азыркы учурда дүйнөлүк коомчулук тарабынан Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселелер кызуу талкууланууда. Тегерандын айтымында, ал программалар эч кандай аскерий максатты көздөбөйт, бирок Батыш мамлекеттери айткан сындын бири - мунай менен табигый газ сыяктуу кубат булактарына бай Иранда өзөктүк энергетиканы өндүрүүгө олуттуу себеп жок.

Бирок жакында ошондой эле мунай менен газга бай Казакстандын өкмөтү атайын жумуш тобун түзүп, ага - өлкөдө атом энергетикасын өндүрүү боюнча программа иштеп чыгуу милдетин жүктөдү. Анын жалпы концепциясы былтыр эле даяр болгон жана 2005-жылдын апрелинде жарыяланган.

Анда келтирилген маалыматтарга караганда, кубат байлыктары боюнча Казакстанда биринчи орунда уран турат, ал эми мунай корлорунун көлөмү үчүнчү гана орунда. Бирдиктүү эсепке келтирилгенде, өлкөдө 21 миллиард 24 миллион тонна уран отуну бар, экинчи орундагы көмүр отунунун көлөмү 15 жарым миллиард тоннага жетет, ал эми мунайдын кору төрт миллиард 11 миллион тоннаны гана түзөт.

Адистердин айтымында, мынчалык көп уранга бай Казакстан атом энергетикасын өндүрүүгө милдеттүү жана ал үчүн советтик мезгилден калган ишканалар менен технологияларды өркүндөтүп-колдонсо болот.

Ошол эле докладда келтирилген маалыматтарга караганда, көмүр менен иштеген орто электр станциясы жылына 12 миллион тонна көмүр жагат, ошондой эле кубаттуулуктагы атом станциясы жылына 4 гана тонна уран пайдаланат. Ошол эле учурда көмүр станциясы атмосферадан жылына 32 миллион тонна кычкылтек пайдаланып, кайра атмосферага кеминде 36 миллион тонна көмүртектин таштанды газдарын жана дагы тогуз миллион тоннадан ашык башка таштанды чыгарат. Атом станциясында болсо таштанды дээрлик жок. Ошондуктан адистер өзөктүк станцияларды экологиялык жактан салыштырмалуу таза деп эсептейт.

Анткен менен андай станцияларды курууга коомчулук каршы. Өлкөнүн "Табийгат" кыймылынын төрагасы Мэлс Элеусизовдун айтымында, атом станциялары 20 жыл иштегенден кийин эскире баштайт жана радиоактивдүүлүк жагынан алардын коопсуздугу начарлайт: "Бизге андай станциялардын кереги жок. Эч кимге кереги жок. Менин балдарымдын ден соолугуна зыян тийгизүүгө, алардын өмүрүн алууга өкмөт башчыларынын эч укугу жок. Кудайдан башка аны эч ким жасай албайт. Андайга биз баргызбайбыз, Чернобыл алааматы баарыбыздын эсибизде, биздин көп адамдарыбыз авариядан кийин ошол жакка барып, жумуш иштеген. Алардын көбү өлүп калды", - дейт Элеусизов.

"Казатомпром" компаниясынын басма сөз катчысы Шыңар Жанибекованын айтымында болсо, азыркы атом станциялары дээрлик коопсуз: "Курулуп жаткан жаңы атом станциялары айлана-чөйрөгө зыян тийгизбейт, алар көмүртек таштандыларын чыгарбайт, ошондуктан күнөскана таасирине да алардын тийешеси жок. Чернобыль станциясы же 1980-жылдарда курулган башка станциялар менен салыштырганда, алар коопсуз. Сейсмикалык жактан дагы алар жакшы. Алардын үстүнө учак кулап түшсө дагы, же ошол сыяктуу башка бир нерсе болсо да, алар коопсуз", - дейт Жанибекова.

Анткен менен дал ошол Чернобыль алааматынан кийин Алмания сыяктуу айрым мамлекеттер өз аймагындагы атом станцияларын келерки 15-20 жылдын ичинде толугу менен жабуу жөнүндө чечим кабыл алган.

КАЗАК САЯСАТЧЫСЫНЫН ТҮБҮНӨ ЖЕКЕ КАСТЫК ЖЕТТИБИ?

Казакстанда бийлик оппозициянын таанымал лидери Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө көрсөтмө берген адам катары парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын кеңсе башчысы Эржан Үтөмбаевди атады. Бул тууралуу расмий түрдө дүйшөмбү күнү жарыяланды. Бирок оппозиция өкүлдөрү, маркум Сарсенбаевдин туугандары менен катар айрым байкоочулар да расмий тергөөнүн жогорудагыдай баштапкы жыйынтыгынан күмөн санашууда.

Кезинде президент Нурсултан Назарбаевдин командасында жүрүп, өлкөнүн маалымат министри, Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматтарында иштеп, оппозицияга 2003- жылы өткөн Алтынбек Сарсенбаев менен кошо анын жаксакчысы, айдоочусунун сөөгү 13-февралда Алматынын чет жакасынан табылган эле. Алар аркасынан жана башынан ок жешкен. Казакстандын ички иштер министри Бауржан Мухамеджановдун билдиргенине караганда, Сенаттын кеңсе башчысы Эржан Үтөмбаев Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө ага болгон жеке кастыгынан улам көрсөтмө берген:

Өлтүрүүгө буйрук берген адам - Сенат кеңсесинин мурдагы башчысы Эржан Үтөмбаев. Сарсенбаев республикалык гезиттердин биринде аны терс жагынан мүнөздөгөн макала жарыялагандан кийин алардын мамилеси кескин начарлап кеткен. Бул макала чыккандан кийин Эржан Үтөмбаев, анын сөзүнө караганда, кызмат тепкичинен тез ылдыйлаган. Бул үчүн Сарсенбаевди күнөөлүү деп эсептегендиктен, ал узактан бери өч алуу оюнда жүргөн.

Казак ички иштер министри Сарсенбаевдин өлүмүнүн артында турган адам катары атаган Эржан Үтөмбаев мурда өкмөттүн вице премьер-министри, президенттик администрация башчысынын орун басары кызматтарында иштеген болчу.

Ал 21-февраль күнү, ооруканада жаткан жеринен камакка алынардын астында, Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин "Арыстан" деп аталган атайын бирикмесинин беш кызматкери да кармалды. Бул окуядан соң аталган комитеттин төрагасы Нартай Дутбаев кызматтан чегинди.

Казак ички иштер министринин айтымында, Эржан Үтөмбаев Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүнү ишке ашыргандарга төлөө үчүн банктан 60 миң доллар насыя алганын сурак учурунда моюндады. Министр кошумчалагандай, өлтүрүүнү ишке ашырууга мурда укук коргоо мекемелеринде иштеген Рустам Ибрагимов атуу адам жетекчилик кылган. Ал эми коопсуздук комитетинин кызматкерлери Сарсенбаевди уурдоону уюштурушкан.

Жекшемби күнү Алматыда оппозиция жактоочулары Алтынбек Сарсенбаевадин өлүмү боюнча тергөөнү адилет жана ачык жүргүзүү талабы менен ири демонстрация өткөрүшкөн эле. Дүйшөмбү күнү ушундай эле талап менен Алматы шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдына ондогон адамдар барды. Казак оппозициясы тергөөнүн баштапкы расмий тыянагынан күмөн саноодо. "Адилет Казакстан үчүн" кыймылынын лидери, казак парламентинин мурдагы төрагасы, көп жыл Башкы прокурордун кызматында иштеген Жармахан Туякбай мындай дейт:

-Aлтынбек Сарсенбаев Үтөмбаев кек сактап кала тургандай бир нерсе айткан да , жазган да эмес. Маселе ошол шектелип жаткан адамдар азыр өлүмгө тиешеси бар экенин кантип моюнга алганында. Тилекке каршы Казакстанда кылмышка эч тиешеси жок эле адамдар моюнга алган учурлар көп кездешет. Мен бул иште да ушундай жагдай болот го деп кооптонуп турам.

Расмий жоромолго ишене албасын маркум Алтынбек Сарсенбаевдин бир тууган агасы Рыспек Сарсенбаев да айтат. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Алматыдагы кабарчысына мындай деди:

-Мындай жомокко мен гана эмес, мени неберем да ишенбейт. Бул кылмыш толук ачылган жок. Анын бетин ачууну эч ким каалабайт дагы.

Айтор Алтынбек Сарсенбаевдин кызматташ, пикирлештери, туугандары гана эмес айрым көз карандысыз эксперттер да анын өлүмүнүн жүйөөсү боюнча расмий бийликтин түшүндүрмөсүнө ынанкырааган жок. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, соңку окуялар бир ок менен эки коён атууга багытталгандай. Бир жагынан бийлик оппозициянын башкы стратеги деп саналган Сарсенбаевден кутулду. Экинчи жагынан президент Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бийликтин ичиндеги атаандаштарынан арылууда:

-Нуртай Абыкаевге багытталган катуу чабуул өзгөчө көңүл бурат. Ал узактан бери Нурсултан Назарбаевдин жакынкы айланасындагы таасирлүү адам катары эсептелчи. Ал эми Абыкаевдин тобуна Коопсуздук комитетинин кызматтан чегинген төрагасы Нартай Дутбаев, камакка алынган Эржан Үтөмбаев кирет. Алар президенттин улуу кызы Дарига жана күйөө баласы Рахат Алиев менен чатакташып жүргөн. Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнөн кийин элитанын бул атаандаш эки тобунун ортосунда өз ара катуу таймаш жүрүп жатканын байкоодобуз.

Казак президентинин улуу кызы, парламент депутаты Дарига Назарбаева Сенаттын төрагасы Нуртай Абыкаевдин анын кеңсе башчысы камалган соң кызматтан кетүүгө чакырды. Сенаттын төрагасынын отставкасын, оппозиция да талап кылган эле. Себеби, анда тергөөгө таасир көргөзчүдөй бийлик бар. Бирок казак оппозициясы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө Дарига Назарбаев менен анын күйөөсү, азыр тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеген Рахат Алиевдин кандайдыр бири тиешеси бар жана алар да суракка алынышы керек деп эсептейт. Казак ички иштер министри Бауржан Мухамеджанов болсо дүйшөмбү күнү пресс-конференцияда Сарсенбаевдин өлүмүнө президенттин күйөө баласынын катышы бар деген маалыматтар чындыкка коошпосун белгилеп, четке какты.

ТАШКЕН МЕНЕН ТЕГЕРАНДЫН ЖАКЫНДАШУУСУ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ

Соңку кездери Өзбекстандын маалымат каражаттарында Иран мурдагыдан бөлөк чагылдырыла баштаганын байкоого болот. Мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндөгү гезиттерде Иран тууралуу оң мазмундагы макалалар басылып, жакында ирандык делегациянын Ташкенде болушу Өзбекстандын тышкы саясатындагы өзгөрүүдөн кабар берип тургансыйт.

Көз карандысыздык алгандан бери Өзбекстан Исламдык Иран жумуриятынын диний таасиринен сактанган сыңарында, Тегеран менен орто заар мамиледе болуп келген эле. Бирок кийинки кездерде Өзбекстандын мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттарында Иранга болгон мамиленин өзгөргөнүн байкоого болот. Тактап айтканда, бул өлкө тууралуу көптөгөн оң мазмундагы макалалар жана маалыматтар басылып, алардын көбүндө Ирандын ядролук программасын өнүктүрүүгө колдоо билдирилет. Ал эми 14-февралда өзбек мамлекеттик радиосунда саясий баяндамачы Иброхим Норматов менен кеңири маек болду. Ал Кошмо Штаттарын жана Европа Союзун Иранга кош стандарт менен мамиле кылат деп сынга алды.

Өткөн айда ошондой эле Ирандык делегация Ташкенде болуп кайтты. Ирандын коммерция министри Масуд Мирказеми өзбек өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, Ташкендеги учак жасоочу ишканада болду.

Айрым аналитиктер Анжиян окуяларына байланыштуу Ташкендин Батыш менен алакасы кескин начарлап кеткенден кийин, Өзбекстандын Иранга жакындашы табигый көрүнүш деп эсептешет. Мохаммад-Реза Жалили - Женевада жайгашкан Эл аралык алакалар институтунун профессору:

- Ташкен менен Вашингтондун ортосунда белгилүү кыйынчылыктар бар жана ирандыктар, менимче, бул алаканын начарлашынан пайдаланып, Өзбекстан менен алакасын бекемдөөгө аракеттенип жатышат. Мурда бул кыйын эле. Өзбекстан арсар мамиледе болчу, ал эми ирандыктар Кошмо Штаттары менен жакын ымалаш өлкө менен иштешкиси келген эмес.

Анжиян окуяларынан кийин Батыштан обочолонуп калган Ташкен дароо Орусияга жакындап, эки ортодо былтыр "союздаш мамилелер" боюнча келишим түзүлдү, ал эми быйыл Өзбекстан Евразия Экономикалык жамаатына кошулду.

Иран да эл аралык коомчулукта обочодо турат, Жалили белгилегендей:

Иран караманча изоляцияда калган өлкө. Жакынкы Чыгышта анын бир гана досу – Сирия бар. Сириянын абалы азыр оор. Ошондуктан Иран саналуу өлкөлөр менен колдон келгенинче жылуу мамиле түзүүгө умтулат. Эгер андай мүмкүнчүлүк Өзбекстан сыяктуу Борбор Азиялык өлкө менен болсо, алар ал мамилени өркүндөтүүдөн качышпайт.

Камрон Алиев Ташкендик көз карандысыз саясий баяндамачы. Ал Азаттыкка Өзбекстандын маалымат каражаттары Иранды мактап жатышканы менен, өзбек бийликтер бул жаатта саясаттын өзгөргөнүн ачык айтып чыгыша элек экендигин мындайча эскертти:

- Өзбекстан Ирандын ядролук программасы боюнча өз позициячын ачыктаган жок. Мохаммад Пайгамбарды шакаба кылган азил сүрөттөргө байланыштуу башка мусулман өлкөлөрдүн Европа союзу менен аласы боюнча көз карашын так билдирген жок. Ташкендин палестин шайлоосунда Хамастын жеңип чыгышына пикири кандай экенин да билбейбиз. Ошондуктан, мен Өзбекстан этиет саясатын улантып жатат деген жыйынтык чыгараар элем.

Алиевдин пикиринде өзбек өкмөтү дале Батыш менен такыр эле үзүлүшүп кеткенине ишенбейт:

Азыр бардык мүмкүнчүлүктөрдү жок кылып, Европа Союзу жана Америка менен ортодогу көпүрөлөрдү өрттөп салуу катачылык болмок. Ташкен өкмөтү алар менен мамилесин качан да болсо калыбына келтирүүгө аракеттенмекчи. Өзбекстан (Иранга анча жакындабай), дипломатиялык багытта колун байлабай жаткандыгы да ошондон.

Алиевдин пикиринде, Кошмо Штаттарынан же Европа Союзунан шыбыш болсо эле, Ташкен Иранга далысын салып, Батышка кучак жайууга даяр турат.

АЛТЫНБЕК САРСЕНБАЕВДИН ӨЛТҮРҮЛҮШҮН ИЛИКТӨӨГӨ АМЕРИКАЛЫК ТЕРГӨӨЧҮЛӨР КАТЫШАТ

Нарын АЙЫП, Прага Казак оппозициялык саясатчысы Алтынбек Сарсенбаевдин өлтүрүлгөнүн тергөө иштерине америкалык адистер дагы катышмай болду. Ал тууралуу казак өкмөтү дагы, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү да билдирди.

Казакстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, мурдагы министр, 2002-2003-жылдарда өлкөнүн Маскөөдөгү элчиси болуп иштеген Алтынбек Сарсенбаевдин денеси Алматы шаарынын алдында 13-февралда табылды. Аны менен кошо анын айдоочусу менен сакчысынын денелери да жаткан, үчөөнүн тең колдору байланган жана алар желкеге атылып өлгөн. 2003-жылдан тартып Сарсенбаев оппозицияга өткөн жана "Ак жол" партиянын тең-төрагасы болчу.

Казак оппозициясы окуяны дароо саясий деп баалады жана акырында бийлик өкүлдөрү дагы өлтүрүүнүн артында саясат жатышы мүмкүн деп айта баштады, бирок алардын пикиринде, мындай өлтүрүү - Казакстандагы абалды бейстабилдештирүүнү каалаган күчтөр үчүн гана пайдалуу.

15-февралда өткөрүлгөн жаназага Алматынын мэри, мурдагы премьер-министр Исмангали Тасмагамбетов, дагы бир мурдагы премьер Нурлан Балгимбаев, Коопсуздук кеңешинин өкүлү Марат Тажин, АКШ элчиси Жеймс Ордуэй жана оппозиция жетекчилери катышты.

Анын эртеси, 16-февралда болсо өлкөнүн Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Сарсенбаевдин өлүмүнүн айланасындагы жагдайды иликтөөгө АКШнын Федералдык тергөө бюросунун адистери катышат. Ал маалыматты кийин Бюронун жогорку кызматкерлеринин бири Стивен Кодак "Азаттыктын" Нью-Йорктогу кабарчысы Никола Крастевке тастыктады: "Бизге андай сураныч келип түшкөнүн мен тастыктай алам жана биз азыр өз адистерибизди жиберип жатабыз, алар алгач - биз кандай жардам көрсөтө алаарыбызды аныктайт. Азырынча мен ушуну гана билдире алам", - деди Кодак.

Бирок анын айтымында, тергөө жыйынтыктарын америкалык адистер өздөрү жарыялабайт, алар бардык табылган маалыматтар менен фактыларды казак тарапка берет жана акыркы корутундуну казак жетекчилиги өзү чыгарууга тийиш. "Биз дайым ишибиздин жыйынтыктарын окуя болгон өлкөнүн жетекчилигине беребиз. Аны кандай максатта пайдаланаары - алардын өз иши. Алар өздөрү чыгарган жыйынтыктарга биз тапкан маалыматтар туура келбесе, аны кантип пайдаланууну алар өздөрү чечет. Биз жөн гана бейтарап иликтөө өткөрөбүз жана тапкан маалыматтын баарын ал өлкөгө өткөрүп беребиз", - дейт Стивен Кодак.

Былтыр май айында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон окуяга эл аралык иликтөө салууга Ташкен макул болгон эмес жана дүйнөлүк коомчулуктун катуу сынына кабылган. Байкоочулардын айтымында, казак жетекчилиги азыр ошондой сын айтылбашы үчүн америкалык адистерди тергөө иштерине катышуу үчүн чакырууда.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде бул - Казакстанда болгон үчүнчү орчундуу өлүм. 2004-жылдын декабрында "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген партияны негиздеген саясатчылардын бири Ерлан Такишев өлгөн, аны бийлик - мергенчилик учурундагы кокустуктан болгон деп жарыялаган. Былтыр ноябрда белгилүү оппозициялык саясатчы Заманбек Нуркадилов үч ок менен атылын өлгөн. Расмий тергөө - ал өзүн өзү атып өлгөн деген жыйынтыкка келген.

ӨЗБЕКСТАН: ФРИИДОМ ХАУЗДУН АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК АРЫЗЫ КАНААТТАНДЫРЫЛГАН ЖОК

7-февралда Ташкент шаарынын граждандык соту “Фриидом Хауз” уюмунун апелляциялык арызын канааттандырган жок. Өзбекстандын юстиция министрлиги баш кеңсеси АКШда жайгашкан уюм бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузду деген кине менен анын өлкөдөгү ишмердигин 6 айга токтотууну чечкен эле. “Фриидом Хаузга” ал өзбекстандыктарга интернетти бекер колдонууга мүмкүнчүлүк берүүдө, каттоодон өтпөгөн укук коргоо уюмдары жана саясий партиялар менен алака түзүүдө деген күнөө тагылган. Буга карабай, “Фриидом Хауз” алты айлык жазалоо аяктаганга чейин Өзбекстандагы кызматкерлерин кармап турууну чечти.

Дүйнөдөгү эркиндиктин абалын иликтеген “Фриидом Хауз” былтыр майдын этегинде эле, Анжиян окуяларынан көп өтпөй проблемаларга туш боло баштаган.
Уюмдун директорунун программалар боюнча орун басары Лиза Дэвис 29-майда Самарканд шаарында сессия өткөрүп жаткан “Фриидом Хауздун” расмий өкүлдөрү 15 чакты киши менен тиреше кеткенин айтат. Алар “Фриидом Хаузду” ваххабистсиңер деп айыпташкан.

Лиза Дэвистин ырастоосунда, ал акция алдын ала даярдалган. Бирок Анжиянга чейин эле уюмдун кызматкерлери Өзбекстанда далай кыйынчылыктарга туш болуп келген:

Биздин жергиликтүү кызматкерлерибиздин дээрлик бардыгы суракка алынып, ар кандай кысымга туш болушкан. Менеджерлерибиздин бири- өзбек жараны, университеттеги кызматынан бошотулган.

“Фриидом Хауздун” иши Ташкентте былтыр ноябрдан тартып, 2006-жылдын 11-январына чейин каралган. Анын соңунда Юстиция министрлиги уюмдун ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Судья, адегенде, өзүн адискөй көргөзүп, процессти мыкты алып барган. Ал уюмдун 8 күбөсүн алып келүүгө уруксат берген. Бирок акыр–аягында аларга каршы чечим чыгарды, - дейт Дэвис.

“Фриидом Хауздун” аткаруучу директору Женифер Виндзор “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, уюмдун ишмердиги токтотулганы менен, ал жердеги кызматкерлер бошотулбайт:
Биз эч кимди иштен бошотууну пландабайбыз, себеби эларалык коомчулуктун, “Фриидом Хауздун” колдоосу кыйын кезеңди кечирип жаткан өзбекстандык укук коргоочулар үчүн абдан маанилүү.

Анын ырастоосунда, аппеляциялык соттун чечими алдын ала эле белгилүү болгону менен, анда келтирилген фактылар абдан бурмаланган:

Бизге тагылган айрым айыптар, кээ бир күбөлөрдүн айткандары күлкүңдү келтирет. Алар өзбек бийлигинин эларалык коомчулук алдында адам укуктарын коргоо тармагында алган милдеттенмелерин кантип аткарып жатканын көргөзөт. Бул режим элге так малымат жеткирүү аркеттерин муунтуп жатат.

Уюмдун иликтөөсүнө ылайык, 2005-жылы саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер тармагында Өзбекстан, Түркмөнстан менен катар төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ болгон.

Каримов режиминин кысымы алдында Өзбекстанда 200 чакты жергиликтүү коммерциялык эмес уюм жабылды, бир нече чет өлкөлүк бейөкмөт уюм өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Алардын арасында Би-Би-Си, Интерньюс жана Ачык коом институту бар.

Коламбия университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Александр Кулей мындай кадам чоң залака тийгизди, себеби Анжияндагы кан төгүүдөн кийин ошол уюмдардын жардамы менен гана Батыш менен Ташкенттин диалогун улантууга мүмкүн болчу деп ырастайт.

“Азаттыктын” кабарчысы Николай Крастев Өзбекстандын Вашингтондогу элчилигинен комментарий алууга аракеттенген эле, бирок анын өтүнүчү жоопсуз калды.

ТҮРКМӨНСТАНДА ПЕНСИОНЕРЛЕР КАРЫЧАРБАДАН АЖЫРАГАНЫНА НААРАЗЫ

Түркмөнстанда газ, элеткр жарыгы бекер, таза суу, туз текейдей арзан, бирок суу тартыш, дүкөндөрүнүн текчелеринде туздалган бадыраң, шишедеги лимонад жана томат пастадан башка көп азык таба албайсыз. Ошондуктан бул өлкөнү айрымдар ойлогондой бейиштин төрү деп аташ кыйын. Ал эми жакында жүз миңдей кишинин пенсиялары жоюлуп калгандан кийин, айрымдар такыр эле ачка калуу коркунучуна туш келишүүдө. Президент Ниязовдун бул чечими адатта бийликтерге баш көтөрүүгө даабаган элдин бир катарын көчөгө чыгууга мажбурлады.

Ооба, маалымат каражаттары толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө болгон Түркмөнстандын эли нааразылыгын ачык билдирип, толкундоолордо бийлик алмашкан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн жаман таасиринен алас жашашат. Бирок пенсиялардын жоюлушу айрымдарды өкмөткө каршы ачык наалат айтууга түрткөн шекилдүү. Көз карандысыз түркмөн укук коргоочуларынын айтымында, өткөн күндөрү бир катар жерлерде, анын ичинде түндүктөгү Дашауз провинциясынын Илалы жана Куня-Үргөнч оодандарында, ошондой эле батыштагы Түркмөнбашы шаарында бир топ киши нааразылык акциясына чыгышты. 25-январда жарыяланган президенттин жаңы жардыгы менен 100 миң чакты киши пенсия албай турган болушту. Бул кабарды укканда айрым карылар эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылган учурлар катталган.

Сузанна Пол Нью-Йорктогу Карылыктын Глобалдык Акциясы деген уюмдун президенти. Бул уюм Бириккен Улуттарга дүйнө элдериндеги улгайган жаштагылардын абалынан кабар берип турат.

Түркмөнстанда пенсияларды такыр жою өтө эле кескин өзгөрүш болуп жаткан окшойт. Биз учурда Түркмөнстандагы кырдаалга жакындан көз салып жатабыз,- деп айтты Пол.

Ниязов пенсияларды кыскартуу чечими дыйкандарды эсепке алуудагы каталыктарга байланышкан деп айткан. Башкалар пенсия корунда каражаттын тартыштыгын билдиришкен. Нурмухаммед Ханамов сүргүндөгү Республикачыл партиянын жетекчиси, ал мындай чечим мыйзамсыз кадам болушу мүмкүн экендигин белгиледи:

Буга чейин пенсия алып келгендерге эски мыйзам күчүндө калыш керек. Алар жаңы мыйзамдын шарттары боюнча пенсия алуу укугунан айрылып калышы керек эмес. Мыйзамдын жаңы версиясы жаңы пенсияга чыккандарга гана карата колдонулууга тийиш.

Көз карандысыз түркмөн укук коргоочулары да пенсияларды жоюу канчалык мыйзамдуу деп сурашууда. Түркмөнстанда жумушсуздардын эсебин билүү кыйын, бирок сырт байкоочулар алардын саны өтө жогору дешет. Ал эми айрым үйлөрдө бир гана пенсиядагы карынын көзүн карап отургандыгын эске алганда, бүтүндөй үй-бүлөрлөр эч кирешесиз калууда. Нью-Йорктогу Ачык коом институтунун Түркмөнстан долбоорунун жетекчиси Эрика Дайлинин айтымында, жумушсуздуктун өсүшүнө өкмөттүн саясаты түрткү болууда:

- Өлкөдө иши барлардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик сектордо иштешет. Ал эми мындай жумуш орундары кыскарганда, өкмөт эч кандай кирешесиз калышына алып келүүдө.

Дайлинин көз карашында, Ниязовдун саламаттык, билим берүү, эми минтип пенсия тармагында жүргүзүп жаткан өзгөртүүлөрү социалдык жыргалчылыктардын кескин кыскарышына, аны менен элдин турмушунун кескин начарлашына шарт түзүүдө.

Ашхабад өкмөтү албетте башкача пикирде. Түркмөнстандын тышкы иштер министри ушул аптада пенсиялар пенсия жашындагылардын басымдуу көпчүлүгүнө төлөнөөрүн, анын үстүнө социалдык төлөмдөрдүн көлөмү жогору экендигин, түркмөн жергесинде газ, электр жарыгы бекер, ал эми унаа, таза суу жана туздун баасы төмөн экендигин эскертти. Айтмакчы, Дүйнөлүк саламаттык уюмунун болжолунда, Түркмөнстанда эркектер орто эсеп менен 51 жыл, ал эми аялдар 57 жыл жашашат. Ал эми пенсияга 60тан өткөндөн кийин чыгышат. Муну эске алганда, пенсия төлөмдөрү мамлекеттик бюджетке анча деле оорчулук келтирбесе керек.

ӨЗБЕКСТАНДЫН ИСЛАМДЫК КЫЙМЫЛЫ КАЙРА БАШЫН КӨТӨРДҮБҮ?

Жаныл Жусубжан, Прага Борбор Азияда бийликтер кайрадан террордук чабуулдар үчүн айыпталган Өзбекстандын Исламдык Кыймылы аймакка кайра коркунуч келтире баштагандыгын айтa башташты. Кыймыл Ооганстандагы АКШнын согуштук операцияларында дээрлик жок кылынды деп саналчу, Бирок Тажикстандын бийликтери бир катар соңку окуяларды Исламдык кыймыл уюштурду деп ырастап, кыймыл былтыр майдагы Анжиян окуяларынан кайра активдеше баштады деп ырастоодо. Өзбекстандын Исламдык кыймылы чынында эле башын кайра көтөрдүбү?

Тажикстандын түндүгүндө жакында бетин чүмбөттөгөн куралчандар түрмөгө кол салып, Өзбекстандын Исламдык кыймылына тийешеси бар деп шектелген айыпкерди бошотуп алышкан эле. Мындан эки күндөн кийин, 27-январда Согд областынын баш прокурору Абдугаффор Каландаров бул кыймыл тыйуу салынган Хизбут-Тахрир партиясынан да коркунучтуу деп айтты:

- Хизбут-Тахрирдин Исламдык кыймылчалык коркунучу жок. Бир кыймылдын бир канча кишисин кармадык. Биз алардан курал, ок-дары, анын ичинде Калашников мылтыгын, Макаров тапанчасын, граната аткычты жана аскердик кийимдерди конфискацияладык.

Тажик бийликтери аталган түрмөгө кол салгандар Кыргызстандын Баткен областында жашырынып жүрөт деп шек санашууда.

Бирок байкоочулар Борбор Азияда өкмөттөр исламдык коркунучка жамынып, өз бийлигин күч алдырууну максат кылышаарын эскертишүүдө.

Ахмед Рашид "Борбор Азияда Согушчан исламдын баш көтөрүшү" деген китептин автору. Ал Азаттыкка Өзбекстандын Исламдык кыймылынын кайра жанданышы тууралуу эскертүүгө анча ишене бербей тургандыгын мындайча билдирди:

- Биз бул кыймылдын жол башчылары дале бар экенин, Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чек ара аймактарында жортуп жүрүшкөнүн билебиз. Өзбекстандагы киши өлтүрүүлөр үчүн да ушул кыймылды бетке кармагандар бар. Бирок чынын айтсам, бул кыймылдын Өзбекстанда же Тажикстанда ишмердигин күч алдыргандыгы тууралуу бизде фактылар такыр жетишсиз. Тажик, өзбек бийликтери бүгүн "Хизбут-тахрир коркунучтуу" деп чыкса, бир нече айдан кийин Исламдык кыймылды айтышат, бирок эч кандай далилдерди келтиришпейт.

Аталган кыймылдын 34 жаштагы мурдагы мүчөсү өз атын атабастан, Азаттыктын суроолоруна жооп берди.

Ал кыймылдын саясий жол башчысы Тахир Юлдаш ооган талибдеринен баш калканч изтегенин, башкаларды өзүнө кошулууга мажбурлап, аларды Ооганстандын тоолорунда аскер турагында кармаарын, айрымдар качып кетсе, калгандары дале ошол жакта кала берүүгө мажбур экендигин билдирди.

Ахмед Рашиддин болжолунда, Өзбекстандын Исламдык кыймылында бүгүн 200 чакты эле киши бар. Бирок уюмга болгон тымызын колдоо кандай экендигин айтуу кыйын. Ал эми Маскөөдөгү "Время новостей" гезитинин Борбор Азия боюнча кабарчысы Аркадий Дубнов тажик бийликтеринин соңку билдирүүлөрүн бул өлкөдө өтө турган президенттик шайлоолор менен байланыштырды.

ТАЖИКСТАН: БИЙЛИК ТЕПКИЧТЕРИНДЕГИ СОҢКУ АЛМАШТЫРУУЛАРДЫН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ?

Тажикстанда президент Эмомали Рахмонов, соңку күндөрү бийлик тепкичтеринде бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады. Президенттин мындай чечимдеринин артында кандай себептер менен жатышы мүмкүн. Айрымдар муну алдыдагы шайлоо менен да байланыштырууда.

Президент Эмомали Рахмонов салтка айлангандай, кадрларды алмаштыруу үчүн жылдын ушул мезгилин пайдаланат. Бирок быйыл Тажикстанда президенттик шайлоо жылы экенин эске алганда, соңку өзгөрүүлөр айрым бир суроолорду жаратпай койгон жок. Сайфулло Сафаров - президенттин алдындагы стратегиялык борбордун директору. Ал мамлекет башчысынын соңку чечимдеринде адаттан тыш эч нерсе жок деп эсептейт:

- Бул - бизде салтка айлангандай эле жылдын аягы менен башындагы орун которуштурууларыбыз. Бул мезгилде адатта биздин кадрлардын жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгынын негизинде чечим кабыл алынат.

Айтор тажик өкмөтүнүн ушул дүйшөмбү күнкү жыйынынын натыйжасында 20дай жетекчи кызматтан бошотулду. Булардын ичинде министрлердин бир катар орун басарлары менен район башчылары бар. Алардын арасынан тышкы иштер министринин орун басары Абдунаби Саттаровду бөлүп көргөзүүгө болот. Ар жарандык согуш кезиндеги оппозиция өкүлдөрүнөн өкмөттүк кызматта калгандардын акыркыларынан эле.

Оппозициячыл маанайдагы Социал-демократиялык партиянын төрага орун басары Рахматулло Заиров, бийлик тепкичтериндеги өзгөрүүлөр жылдын ушул мезгили үчүн мүнөздүү көрүнүш экенин, бирок быйыл өзгөчөлүктөр да бар экенин белгилейт:

-Биринчиден, быйыл өкмөттүн жыйыны бир аз кечигип өттү. Экинчиден, сан жагынан караганда, мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп жана масштабдуу болду. Бирок сапат жагынан алганда, өткөн жылдардан айрымаланып, өкмөттөгү чечүүчү кызматта турган адамдарды иш жүзүндө бул жолу камтыган жок.

Саясатчы Рахматулло Заировдун пикиринде, соңку кадрдык алмаштыруулар президент Эмомали Рахмоновдун колдоочуларын жергиликтүү бийлик органдары менен элге кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жетекчилигине көбүрөөк алып келүүгө багытталгандай. Ал муну ноябрдагы президенттик шайлоо менен байланыштырат.

Маселен Ооганстан менен чектеш Хатлон облусундагы Фархор районун акими болуп иштеп келген Гулям Баяков аттуу жетекчи Душанбе шаарынын мэри, тажик парламентинин жогорку палатасынын спикери Мамадсаид Убайдуллоевдин адамы деп эсептелчи. Ал азыр кызматтан алынды. Убайдуллоев - көпчүлүк ноябрь айындагы президенттик шайлоодо Рахмоновдун ыктымал атаандашы деп санаган саясатчылардын бири. Анткен менен президенттин стратегиялык борборунун директору Сайфулло Сафаров соңку кадрдык алмаштыруулардын шайлоо менен байланышын толугу менен жокко чыгарат:

-Кызматка жаңы дайындалгандардын эч кимисинин шайлоого тиешеси жок.

Ал эми саясатчы Заировдун көз карашында, ири өзгөрүүлөр Тажикстанда али алдыда болот:

- Менимче, бул быйылкы алмаштыруулардын аягы эмес башталышы гана.

ӨЗБЕКСТАН ЕврАзЭСке КОШУЛДУ

Петербургдагы жыйында Өзбекстан Евразия экономикалык жамаатына кабыл алынды. Бу чечимди саммитке катышкан лидерлер кубатташты. Президент Ислам Каримов Өзбекстандын келечеги коңшулар жана биринчи кезекте Россия менен ажырагыс экенин белгиледи. Бейтарап байкоочулар болсо Россия Борборазияда өз таасирин күчөткөнгө кошумча мүмкүндүк алды дешет.

Президент Ислам Каримовдун басма сөз катчысы Беруни Олимов Евразия экономикалык жамаатчылыгына Өзбекстандын кошулушу менен уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы тарыхый байланыштардын бекемделишине шарт түзүлөт, экономиканы,коммуникация тармагын өнүктүргөнгө,эл аралык авто жана темир жолдорду курганга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат деген ишенимин билдирди.ЕврАзЭСке буга чейин беш өлкө - Белоруссия,Казакстан,Кыргызстан,Россия жана Тажикстан кирген. Өзбекстан эми анын алтынчы мүчөсү болуп калды.

Бейтарап байкоочулардын көбү Өзбекстандын ЕврАзЭСке кошулушун Анжиан окуялары менен байланыштырышат. Былтыр майдагы калаймандан соң Ташкен Батыштын, Кошмо Штаттарынын катуу сынына кабылды. Анын айынан Вашингтон менен Ташкендин алакасы солгундап,америкалыктар Ханабаддан аскер базасын чыгарып кетти. Евросоюз Өзбекстанга курал-жарак сатканга эмбарго жарыялап, өкмөттүн ырасмий өкүлдөрүн шаркеттин аймагына киргизбей турган болду. Президент Каримовдун Анжиан козголоңун аскер күчү менен басканын Россия менен Кытай гана колдоду. Өткөн жылы Өзбекстан Кытай менен экономикалык келишим түздү, Россия менен союздаш алакаларга өтүп,муну атайын документтерге кол коюп, тастыктады. Ушу жылдын этегинде Ташкен бир кезде өзү чыгып кеткен Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмуна кайра киргени жатат.

Ошол эле учурда Ташкендин соңку кадамдарын Батыштагы жана региондогу бир катар эксперттер Кремлдин жаңы империялык саясатынын натыйжасы таризде да баалашууда. Улуттук коопсуздук иштери боюнча америкалык адистердин бири, профессор Стефен Бланк орус өкмөтү КМШ өлкөлөрүнүн базасында неоимпериялык блок түзүүнү тышкы саясаттын биринчи кезектеги милдетине айлантканы ачык көрүнүп турганын белгиледи. Москва эң алды менен энергетика чөйрөсүн пайдаланып,анын аркасында аскери,коопсуздук уюмдарын, ошондой эле экономикалык бирикмелерди түзгөнгө умтулууда. Мунун өзү түбү барып,Бланктын айтымында,Кавказдагы жана Борборазиядагы өлкөлөрдүн эгемендигине зыян келтирет.

Москвалык журналист Санобар Шерматова да ушул ойдун оролун улантып, россиялык “Газпром” Өзбекстанда гана эмес, жалпы эле Борборазиядагы бүткүл газ системасын менчигине басып алганын, буга ал узактан бери камынып келгенин, азыркы окуялар ошо процесстин акыркы этабы экенин белгиледи.

Эл аралык мамилелер боюнча Москвадагы институттун аналитиги Сергей Люзанин болсо мындай пикирлерди туура көрбөйт. Соңку эки-үч жылда,анын айтымында,экс-совет аймагында Россия өзүн гегемон же башкы донор өңдүү көрсөткөнүн коюп, прагматикалык саясат жүргүзө баштады.

Америкалык профессор Бланк дагы бир нерсени - президент Каримов сөзүнө бекем эместигин эскертти. Өздөрүнүн бийлигин жана байлыгын сактап калганга кызыккан региондогу лидерлерге бул жагынан орустар гана кепилдик болуп, жардамдашканга жараса, анда Каримовго оңдой берди десе болот. Бирок Каримов өз эркиндигин эч кимге көз каранды кылгысы келбейт, ошондуктан ал бир күнү кайра айнып калышы да мүмкүн. Иши кылып, “шайтан менен бийлегиси келген адам анын таасиринен чыга албай каларын унутпоо керек”, дейт Бланк.

Өзбекстандын өзүндө Россия менен карым-катнашты чыңдоого кызыккан маанай күчтүү. Көп адамдар Россияга барып иштеп келгенге,соода-сатык кылганга шарт түзүлөт эле дешет. Алардан айрымаланып,Ташкендеги демократиялык демилгелер борборунун башчысы Искандар Худойберганов мунун коркунучу да бар экенин эскертти. Россиянын экономикасы жана айыл чарбасы Өзбекстандагыдай эле модернизацияга муктаж. Жаңы байланыштарды пайдаланып, орус ишканалары Өзбекстанды өз продукциясы үчүн кошумча рынокко айлантат,өз кишилерин жумуш менен камсыз кылат,өзбектерге болсо эбак керектен чыккан,эски үлгүдөгү тракторлор менен техникаларын сата баштайт.Ошентип,Өзбекстан жаңы технологиялардан кур калат,дейт Худойберганов.

КАЗАКСТАНДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ КАНЧАЛЫК ТУРУКТУУ ?

Казакстанда, экономика мурдагы советтик республикалардын башкаларына салыштырмалуу тез өнүгүүдө. 2005-жылдын экономикалык жыйынтыктары азырынча толук чыгарыла элек, бирок баштапкы эсептөөлөргө караганда, улуттук дүң өндүрүш былтыр 9,2%га жогорулаган. Анткен менен эксперттер Казакстандын экономикалык ийгилиги эл аралык базарда мунай баасынын кыбаттыгына көз каранды болгондуктан, туруктуу эмес экенин белгилешет.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин айтымында, Казакстан алдыдагы он жылда дүйнөнүн эң алдыңкы 50 экономикасынын катарына кошулмакчы. Ал бул тууралуу былтыркы президенттик шайлоо компаниясынын жүрүшүндө айтып жүргөн эле, ушул айда президенттигинин кезектеги жети жылдык мөөнөтүнө расмий киришүү салтанаты учурунда да кайталады:

-Менин узактан берки максатым - Казакстанда кийинки он жылдыкта дүйнөнүн атаандаштыка жарамдуу элүү өлкөсүнүн катарына алып чыгуу. Өнүгүү жалгыз эле экономика, кирешенин же улуттук дүң өндүрүштүн жан башына туура келген үлүшү менен эле аныкталбайт. Мен өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги төрт ченеми жөнүндө айтып жатам. Бул - саясий, экономикалык, социалдык жана маданий ченем.

Акыркы беш жылдан бери Казакстанда улуттук дүң өндүрүш жылына 9-10%га жогорулоодо. Өлкөнүн улуттук статистикалык комитетинин башчысы Кали Абдиевдин айтымында, быйылкы өсүш 9,2%ды түзөөрү күтүлүүдө. Ал белгилегендей, маселен 2008-жылга карата улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү 2000-жылга салыштырганда эки эсеге көбөйөт. Бул - КМШ өлкөлөрү ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Былтыр жыл соңундагы президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев сап кармаган негизги нерселер- экономикалык жетишкендик менен саясий стабилдүүлүк маселеси болду. Анткен менен айрым көз карандысыз эксперттер Казактандын ылдам өнүгүүсү азыркы бийликтин реформачыл саясатынын гана натыйжасы эмес экенин белгилешет.

Дефни Тер – Сакариян - Лондондо жайгашкан, "Economist Intelligence Unit" уюмунун аналитиги:

- Казакстандагы экономикалык өсүштүн артында турган эң башкы фактор- тышкы чөйрөдөгү жагымдуу жагдай. Мунай баасынын кымбаттыгы аны өндүрүүгө гана шыкак бербестен, бул тармакка инвестициянын келишин шарттодо. Жок дегенде дагы орто мөөнөттүн аралыгында баанын арзандабашы күтүлгөндүктөн, ал бул чөйрөдөгү долбоорлорго кызыгууну жаратып жатат.

Табихый байлыктарга гана көз карандылык улуттук экономиканын туруктуулугун кепилдебейт. Муну казак бийликтери деле түшүнөт. Андыктан алар экономиканын мунайдан башка, атап айтканда машина куруу, металлургия, текстиль, телекоммуникация тармактарын да өнүктүрүү зарылдыгын билдиришкен. Бирок аналитик Тер -Сакарияндын пикиринде, казак бийлиги азырынча аталган тармактагы реформаларды ишке ашыруу боюнча саясий эркин көргөзө элек:

-Казакстандагы проблема – ишке ашыруу. Өкмөт биз ушул тармактардын өнүгүшүн көздөйбүз деп айта алат. Бирок инвестициялык климат жакшы эмес. Коррупция кеңири тараган. Бул инвестиция салуу ишин татаалдаштырууда. Ага катар Назарбаевдин үй –бүлөсүнүн тамыры терең жайылган. Казакстанга инвестиция салыш үчүн туура байланышың болуш керек. Сиз ошондой эле эгер бизнесиңиз жакшы кете баштаса, Назарбаедин үй- бүлө мүчөлөрүнүн бирине тарттырып жибербешиңизге кепилдик жок.

Айткандай эле Казакстанда экономиканын манилүү тармактарын президент Назарбаeвдин үй-бүлө мүчөлөрү же тааныштары көзөмөлдөйт. Мурда улуттук банктын төргасы, каржы министринин кызматтарында иштеген , азыр "Нагыз Ак жол" деп аталган оппозициячыл партиянын теңтөрагаларынын бири Ораз Жандосов да коррупцияны, тууганчылыкты, жеке секторго мамлекеттин кийлигишүүсүн келечектеги өнүгүүнүн тоскоолдуктары катары эсептейт:

-Азыркы бийликтин катачылыктарынын бири - өзү тикелей бир нерсе өндүрүүнү көздөгөндүгү же кайсыл бир аймактар, тармактар үчүн салык жана башка жагынан жагымдуу шарт түзүп жаткандыгы. Бул - чыныгы прогрессти токтоткон жаман адаттардан. Жеке сектордун өнүктүргөндүн ордуна мамлекеттин тигил же бул тармакка кийлигишүүгө аракеттенген учурлары бар.

Ораз Жандосовдун пикиринде, Казакстанда азырынча соттор да аткаруу бийлигинен көз карандылыкка жетише элек. Билим берүү системасы кесиптик чеберчилиги мыкты адистерди чыгаргыдай деңгээлге көтөрүлдү деп айтуу кыйын. Ушул факторлордун баарын бириктиргенде, президент Нурсултан Назарбаевдин он жылда Казакстанда алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошуу жөнүндөгү убадасы реалдуу эмес.

Лондондогу "Economist Intelligence Unit" уюмунун эксперттери Нурсултан Назарбаевдин соңку президенттик шайлоодогу жеңишинин масштабы анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары экономикадагы көзөмөлүн дагы күчөтүп, атүгүл кээ бир өнөктөштөрүн четтетээрин да ишаара кылганын боолголошот. Ушул нерсе жакынкы келечекте өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурчудай. Аталган уюмдун эксперттери ошондой эле Казакстан алдыдагы жылдары улуттук дүң өндүрүштүн 8%дан ашуун өсүүсүн камсыз кыларын, бирок быйыл жана келерки экономикалык өнүгүүнүн ыргагы басаңдарын болжолдойт.

НИЯЗОВ ТҮРКМӨН ГАЗЫНЫН БААСЫН КЫМБАТТАТУУНУ КӨЗДӨӨДӨ

22-январда Түркмөн президенти Сапармурат Ниязов Москвадагы визитин баштоодо. Орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдө газ маселеси башкы орунду ээлемекчи. Түркмөн газынын басымдуу бөлүгү Россиянын аймагынан өтчү куурлар аркылуу экспорттолот. Ниязов Газпром түркмөн газы үчүн көбүрөөк төлөсүн деген маселени козгошу ыктымал дешет байкоочулар.

Коопсуздук маселелери боюнча аналитик Павел Фелгенгауэр Ашгабад менен Москва ортосундагы газ проблемасынын себептерин мындайча түшүндүрөт:

Түркмөн газы Украинага Россия аркылуу сатылат. Анын бөлүгү андан ары Украинадан Батышка экспорттолот. Ниязов, Түркмөнстанга Россия менен Украинанын ишкерлери жана расмий ишканалары Европадан алган каражаттын кымындай гана бөлүгү тийет.

Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы табигый газдын 1 миң куб метри үчүн Түркмөнстанга 60 доллар төлөйт. Украинадан болсо Россия 1 миң куб метр үчүн 230 доллар талап кылууда. Эми кээ бир маалыматтарга ылайык, Ниязов газдын баасын 80-85 долларга көбөйтүүнү көздөп жатат.

Жакында Москва менен Киев ортосунда газ кризис тутанып, Украина газдын бир бөлүгүн Борбор Азиядан, атап айтканда Түркмөнстандан алып турат деген келишимге жетишилди.

Аналитик Феленгауэрдин пикиринде, Газпром Украинага берилген газдын көлөмүн азайтып, Ниязовко кошумча көзүр берди:

Январда Россия Европага берилчү газдын көлөмүн эки жолу төмөндөтүп жибергенден кийин Евробиримдик түркмөн газын ташуу үчүн куур куруу долбоорун каржылоону караштыра баштады. Аталган куур Азербайжан, Грузия жана Түркияны кесип өтмөкчү. Бул Ниязовко артыкчылык берүүдө.

Дагы бир саясий изилдөөчү Алекс Ватанканын айтымында болсо Түркмөнбашы жакында Бээжинге сапар менен баруу ниетин билдирди. Буга байланыштуу Кытай түркмөн газын керектөөчү ири кардар болуп калышы ажеп эмес деп болжолдойт Ватанка.

Путин менен Ниязовдун жолугушуусунда ошондой эле Түркмөнстандагы орус тилдүү калк жана Россияда баш калкалап жүргөн түркмөн оппозициясынын маселеси да козголушу ыктымал.

Лидерлер Ирандын өзөктүк программасын да сөз кылышмакчы.
Ниязов бул жолу экономикалык гана маселелерди гана талкуулаганы жатканы менен, байкоочулар Түркмөнбашынын чет өлкөдөгү соңку эки визити Москвага болгонун баса белгилешүүдө.

КАЗАКСТАНДА ОППОЗИЦИЯ ЛИДЕРИ ЖАКИЯНОВ БОШТОНДУККА ЧЫКТЫ

Казак оппозициясынын лидерлеринин бири Галымжан Жакиянов шарттуу түрдө түрмөдөн бошотулуп, кечээ Алматы шаарына келди. “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген оппозициялык кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Жакиянов 2002-жылдын августунда 7 жылга түрмөгө кесилген.

Алматы шаарындагы темир жол вокзалында Галымжан Жакияновту миңге жакын киши тосуп алды. Алардын арасында “Адилет Казакстан”, “Ак жол”, коммунисттик партиялардын жетекчилери да болду.

Жакияновко Павлодар облусунун губернатору болуп турган кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылып, 2002-жылдын августунда 7 жылга түрмөгө кесилген.
Жакияновтун тарапкерлери жана укук коргоочулар анын ишинде саясий жүйөө бар деп ырасташууда.

2001-жылы ал «Казакстандын демократиялык тандоосу» аттуу партияны негиздеген. 3 жылдан кийин аталган партияга тыюу салынды.

Жакиянов мөөнөтүнүн жарымынан киийн шарттуу түрдө бошотулду.

“Азаттыктын” кабарчысы Айжан Чынгыз кызы саясатчыга бир нече суроо берүүгө үлгүрдү. Бирок Жакиянов өзүнүн саясий пландары жөнүндө ой бөлүшүүдөн баш тартты:

- Мен Алла деп бул жерде биринчи кадамдарымды жасап атам, төрт жылдан бери. Калкым, туугандарым менен жолугушуп, кучакташып, амандашып жатканыма өтө кубанычтуумун.

Аны коштоп жүргөн жубайы Карлыгач кубанчын жашырбай, жаңы жылга үмүт менен карап жатканын айтты:

- Бүгүн мен үчүн эң кубанычтуу күн. Жаңы жылдын алдында жаңы өзгөрүүлөр келип жатканына өтө кубанычтуумун, үмүт менен карайм. Бир гана биздин үй-бүлө үчүн эмес, бардык эл, жакындарыбыз үчүн эртеңки күндө келечегибиз жакшы болот деп ойлойм.

“Адилет Казакстан” кыймылынын лидери Жармахан Туякбай Жакияновтун боштулушу оппозициянын кысымы астында ишке ашып отурат деп ырастады:

- Адилеттүүлүк болду деп айтууга болбойт, анткени бүгүнкү күндө оппозициянын, демократиялык күчтөрдүн кысымы менен Жакиянов боштондукка чыгып отурат. Кошумча күч келди, алдыда көп максаттарыбыз бар.

Катталбаган “Ак жол” партиясынын теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбай болсо эгерде эл талап кылбаса, Жакиянов бошотулбайт болчу деп комментариялады:

Эгер Казакстандын калкы Галымжандын бошотулушун талап кылып күрөшпөгөндө дагы деле түрмөдө отура бермек. Түрмөдө отруган кезинде саясий режим менен эч кандай келишимге келбейт эле. Бир жагынан демократиялык күчтөрдүн ролу да чоң болду.

Ошентип, Жакиянов жакынкы пландарын аныктай элек. Саясатчы Булат Абиловтун пикиринде болсо анын азат кылынышы казак бийлиги үчүн баш ооруга айланышы ыктымал.

-Менин оюмча, казак бийлиги үчүн Жакияновтун азатка чыгышы, эми кандай иш жүргүзөт, кандай күрөшөт деген баш ооруу болушу мүмкүн. Ошондуктан Астана да учурда эл мындан ары эмне болот деген ойдо болууда.

НАЗАРБАЕВ КАЗАКСТАНДЫ БАЙ ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КОШУУГА АНТ БЕРДИ

Бүгүн Казакстандын башкалаасында Н.Назарбаевдин президенттик ант берүү аземи болуп өттү. 1995-жылкы Конституция боюнча дагы бир жолу шайланган президент Н.Назарбаев Казакстан дүйнөдөгү бай мамлекеттердин катарына кире алат деп баса белгилеп, мындай улуу максат үчүн аракетин аянбай тургандыгын айтты.

Мындан жыйырма жыл илгери Казакстандын а кездеги башкалаасы Алматыда «желтоксан окуялары» болуп өткөн. Коммунисттик империянын кадыры кете баштаганын билдирген декабрдагы козголоң тушунда азыркы президент Н.Назарбаев министрлер кеңешинин төрагасы болчу.

1989-жылы ал Казакстан Компартиясынын биринчи катчысы, эки жылдан кийин эгемен Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. Ошентип 17 жылдан бери мурдагы коммунисттик лидер президенттик бийлигин колдон чыгарбай келатат. Ушу азыр Н.Назарбаевдин артынан ээрчиген чуулгандуу «Казахгейт» талашына да чекит коюла элек.

2005-жылдын 4-декабрындагы президенттик шайлоодо Н.Назарбаев 91% добуш менен атаандаштарын утуп чыкты. 11-январдагы ант берүү аземинде ал мындай деп айтты:

- Казакстан калкына адал кызмат этүүгө, Казакстан Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын катаң сактоого, азаматтардын укуктары менен боштондуктарына кепилдик берүүгө, Казакстан Республикасынын өзүмө жүктөлгөн мартабалуу милдетин адал актоого салтанаттуу түрдө ант этемин!

Н.Назарбаев шайлоодо сөзсүз жеңип чыгарын Казакстандагы Евразиялык адам жана коом институтунун директору Аскар Нурманов ага чейин эле момундайча мүнөздөгөн:

- Менин оюмча, Н.Назарбаевден башка ушул кыйын заманда бийликти кармап, өлкөнү бөлүп-жарбай кармоого ал кишинин тажрыйбасы бар.

Н.Назарбаев коммунисттик-партиялык номенклатура эреже-тартибиненби, болбосо бийлик каршылаштары - оппозиция өкүлдөрүн башынан эле жактырбайбы, каш кайтаргандардын айрымдарын абакка салды, анын колу жетпей калган Акежан Кажегелдин көптөн бери чет жерде баш калкалап жүрөт.

Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов Казакстандын экономикалык өнүгүүсү көбүнесе чийки заттарды сатуунун эсебинен жүрүүдө, жалпы калктын жашоо-турмуш деңгээли ал жерде деле бийиктеп кеткен жери жок, деген пикирде.

- Улуттук байлыктын ар бир жанга бөлүнүшү деген нерсе бар. Ошол боюнча алсак, мисалы, Казакстанда орточо айлык акы 200 – 250 доллардын тегерегинде. Бул көппү же азбы? Албетте, бул Кыргызстанга караганда көп. Бирок Советтер Союзундагы мурдагы республикалардын айрымдары менен салыштырып көрбөйлүбү. Тетиги жакта Балтика боюндагы республикалар бар, ошолордо орточо айлык 500 – 600 доллар болду.


Н.Назарбаев деле ушу тапта постсоветтик Борбор Азияда демократия куруп жатышканын билдирүүдөн тажабаган жанындагы бийликтен кеткиси келбеген президенттердeн айырмаланбаган, коммунисттик таалим-тарбияны канына сиңирип алган жетекчи, дейт белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиев.

- Борбор Азиядагы республикалардын президенттеринин баары эле демократия куруп жатабыз, базар экономикасына жол коюп жатабыз, шарт түзүп жатабыз деп жатышканы менен анын натыйжасын карашыбыз керек. Ошолор жасап жаткан иштеринин натыйжасы кандай чыгууда? Казакстан өзү жаратылыш ресурстарына бай мамлекет. Азыр мунайдын баасы кымбат. Ушунун пайдасын көрүп жатат. Коррупциянын деңгээлин алалы. Казакстан менен Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 122-орунда. Казакстанда деле жакырчылык жоюлуп кеткен жок. Бизден жакшы болгону менен өзүнө салыштырмалуу, энергиясы бай мамлекеттерге караганда анын деле проблемалары көп. Авторитардык башкаруу бийлиги деле Казакстанда биздикинен кем калышпайт.

Мамлекет башчысы болуу жоопкерчилигинин күңгөй-тескейин кашкайта көрсөтчү мисалдар толтура. Аны башка бирөө эмес, кечээ эле Н.Назарбаев менен канкуда болуп, үй-бүлөлүк алыш-беришке чейин жеткен А.Акаевдин сабагы деле айгинелеп туру. Ушу тапта Казакстан менен экономикалык алыш-беришке өзгөчө ынтызар болуп жаткан Грузиянын мурунку президентинин кейпи деле кыйла жыл өлкө башкарып отургандарды ойлонтушу керек эле. Бирок да андай маанай «түстүү ыңкылаптар» жетелек постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндө байкала элек, деп белгилешет биртоп серепчилер.

ГАЗ ЧАТАГЫ: АШХАБАД КИМГЕ ТАРАПТАШ БОЛОТ?

Россия менен Украина ортосундагы газ чатагы Түркмөнстандын бейтараптуу саясатын сынакка салганы калды. Атап айтканда, Түркмөнстан орус газынын ордун толтурганы украиндерге керектүү “көгүлтүр отун” бергенге макул болобу? Же Россиянын Киевге жасап жаткан кысымын колдоп, Москвага иркектеш болуп кетеби?

Украинанын энергетика министри Иван Плачков орто жолдон орус газын уурдап жатат деп айыптаган “Газпромдун” ырастоолорун кайталап төгүндөдү. Плачковдун айтымында, Украина өзү өндүргөн запастагы отунун жана түзүлгөн келишимге ылайык келип жаткан түркмөн газын пайдаланып жатат.
Мындан бир күн мурда “Газпромдун” төрага орунбасары Александр Медведев 2-январга чейин Украинанын куурларына орус газы гана түшүп жатканын, анда түркмөн газы жок экенин ырастаган эле.
Буга байланыштуу анализчилер арасында Ашхабад кайсы тарапка ыкташы мүмкүн? - деген собол пайда болду. “Азаттыктын” регионалдык эксперти Роман Купчинский зарыл болсо Россия Украинага жөнөтүлгөн түркмөн газын бууп салалат деп эсептейт. “Газпром” мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгону айрым кадамдарды жасады.
2003-жылы апрелде Сапармурат Ниязов орус президенти Владимир Путин менен чейрек кылымга келишим түзүп, ага ылайык түркмөн газынын көбүн 2007-жылдын 1-январынан тартып Россия сатып алмакчы болгон. Келишимде каралган шартта быйыл Россия 7 - 10 миллиард кубметр түркмөн газын сатып алмак болчу. Бирок жуп жаңы жыл алдында, 29-декабрда “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер Ашхабадда жаңы контракт түзүп, быйыл эле түркмөндөрдөн 30 миллиард кубметр газ сатып алмай болду. Ар бир миң кубметр үчүн “Газпром” 65 доллардан акы төлөйт.
Купчинский бул жерден эки нерсени көрөт. Биринчиден, Борборазия -Борбор газ кууру орустардын колунда тургандыктан анын баарын толтура турган газ сатып алгысы келишет, мындай шартта Украинага кете турган түркмөн газы үчүн орун калбай калат.
Экинчиден,Купчинскийдин айтымында,”Газпромдун” Россиядагы өндүрүшү кыскара баштады,ошондуктан концерн ошол тартыштыктын ордун толтургусу келет.
Кандай болгон күндө да Украинага кысым күчөдү.
Башка бир эксперттер “Газпром” канчалык үстөм абалда турганы менен Түркмөнстан өз газынын Украинага жетпей калышына макул боло албайт дешет. Анын үстүнө эки тарап соңку он беш жылда айрым бир талаш-тартыштарга карабастан газ чөйрөсүндө жакшы кызматташ болуп келишкен. Кала берсе “көгүлтүр оттун” акысын Киев товар түрүндө деле төлөп келген. Виктор Ющенко бийликке келгени тараптардын алакасы керагар кеткен жок. Ющенконун декабрдагы сөзүнө ылайык,Ашхабадда келишим түзүлүп, Түркмөнстан Украинага быйыл январдан тартып 40 миллиард кубметр газ сатканга макул болгон. Муну өткөн аптада ырасмий Ашхабад өзү да ырастаган. Сапармурат Ниязов келишимге ылайык ошо түркмөн газы жөнөтүлө баштадыбы-жокпу,муну шейшемби күнү так айткан жок.Болгону Украинага,Молдовага,кардал болчу башка да өлкөлөргө жетерлик өлчөмдө газ сатканга даяр экенин билдирди.

АНЖИЯН ОКУЯЛАРЫНАН КИЙИН ТАШКЕНТ МАСКӨӨ МЕНЕН ПЕКИНДЕН КОЛДОО ИЗДӨӨДӨ

Нарын АЙЫП, Прага 2005-жылы Өзбекстан ири саясий чечим кабыл алып, Европа жана башка Батыш мамлекеттери менен мамилелерин дээрлик толугу менен бузуп, Орусия жана Кытай менен жакындашты. Ага - май айында Анжиян шаарында болгон элдик козголоңдун бийлик тарабынан кандуу басылышы жана аны Батыш мамлекеттери катуу сынга алганы себеп болду.

1989-жылдын июнунда Бээжин шаарынын борбордук Тянанмэн аянтындагы студенттик митинг канга жуурулуп басылгандан кийин Батыш мамлекеттери Кытайга каршы бир топ чектөө жарыялаган жана алардын айрымдары эмгиче алып салына элек. 2005-жылдын 13-май күнү Өзбекстандын Анжиян шаарында дагы элдик козголоң чыгып, ал дагы кандуу басылгандан соң өзбек президенти Ислам Каримов дароо Бээжинге сапар менен барганы бир топ нерсени түшүндүрөт.

Бийликтин айтымында, Анжиянда бардыгы болуп 187 адам курман болгон жана алардын көпчүлүгү - козголоңду уюштурган жана ага катышкан террорчулар болчу. Өзбек оппозициясы жана өлкөнүн дагы, эл аралык дагы укук коргоочулардын айтымында болсо, өлгөндөрдүн саны андан бир нече эсе көп болгон жана алардын көпчүлүгү карапайым адамдар болчу. Ошондуктан Батыш мамлекеттери окуяны эл аралык дэңгээлде иликтеп чыгууну сунуштаган. Бирок Ташкен ага кескин түрдө каршы чыгып, козголоң сырттан уюштурулуп, чет өлкөлөрдөн алынган акчага даярдалган деп жарыялады.

Натыйжада Европа Биримдиги Өзбекстанга каршы бир топ чектөө жарыялады, өлкөнүн жогорку жетекчилиги азыр европалык мамлекеттерге эркин бара албайт. Алманияга дарыланууга келген ички иштер министри Закир Алматовко каршы укук коргоочулардын талабы менен немис прокуратурасы тергөө да баштаган жана министр Алманиядан шашылаш түрдө чыгып кетүүгө аргасыз болуп, кийин кызматынан да айрылды.

Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толиповдун айтымында болсо, Анжиян окуялары эл аралык деңгээлде иликтенгенде, эгер анын даярдалышына чет өлкөлүк мамлекеттер катышкан болсо, иликтөөдөн ал ачыкка чыкмак жана козголоңду АКШ же башка бытыш мамлекеттери уюштурганын Ташкен батыш тергөөчүлөрүнүн колу менен далилдеп алмак.

Бирок анткендин ордуна президент Ислам Каримов - анын саясатын сынга албаган Бээжин жана Маскөө менен жакындашууну чечти, Анжияндан үрккөн качкындарды кабыл алып, алардын көпчүлүгүн үчүнчү мамлекетке жиберген Кыргызстанды болсо - террорчулар анын аймагында даярдалган деп күнөөлөдү. Качкындардын Европага жөнөтүлүшүн талап кылган АКШнын Өзбекстандагы базасын болсо Ташкен өлкөдөн чыгарып кетүүнү талап кылды жана Вашингтон ага дароо макул болгондуктан, Өзбекстандын эл аралык чөйрөдөн обочолонгону ого бетер күчөдү.

Козголоңго тийешеси бар деп бир жүз элүүдөн ашык адам кармалды жана алар баары сот аркылуу күнөөлүү деп табылууда. Ансыз деле мурда оппозицияга күн көрсөтпөй келген өзбек режими Анжиян менен байланыштуу сын айткандарды гана куугунтуктабастан, калыс маалымат тараткан уюмдардын, мисал үчүн "Интерньюс" же "Азаттыктын" Өзбекстандагы кеңселерин жапты. Ошондуктан 2005-жылы Ташкендин эң негизги шеригине - өзү Батыш таасирин азайтып, жарандык коомдун аракеттерин чектөөгө умтулган Маскөө айланды жана өз ыктыяры менен мурда чыгып кеткен Биргелешкен коопсуздук келишим уюмуна Өзбекстан эми кайрадан кошулууга умтулууда.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер бүгүн мурда болуп көрбөгөндөй дэңгээлге чыгып жатат, мен аны толук түшүнүп турам жана өзбек эли дагы аны жакшы түшүнөт. Өзбекстан менен союздаш мамиле түзүү боюнча келишимге кол коюуга макул болгону менен Маскөө тарыхта болуп көрбөгөндөй кадамга барып жатат", - деп билдирди Каримов Маскөөдө.

Анткен менен айрым орусиялык жана батыш экперттеринин пикиринде, дүйнөлүк коомчулук тарабынан байталман мамлекетке айланган Өзбекстандын Орусияга мынчалык жакындаганы Маскөөгө кошумча баш оору да алып келиши мүмкүн.

ӨЗБЕК БИЙЛИГИ АНДИЖАН ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ЖАРАЯНДАРЫ АКЫЙКАТ ӨТТҮ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ

Өзбекстандын Андижан шаарында быйыл май айында орун алган кандуу окуяларга катышы бар деп айыпталгандардын арасынан азырынча 150дөн ашуун адам соттолду. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы сот жараяндары адилет өттү жана эл аралык коомчулуктун сыны негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу Улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясы соттун акыйкаттуулугуна күмөнсүнүү билдирген соң айтылды.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луис Арбур өткөн аптада Андижан окуясы боюнча айыпталгандардын ишин караган соңку сот жараянынан кийинки билдирүүсүндө анын акыйкаттуулугунан шек санап, чыныгы мыкаачылыктын даярдаган адамдар жазаланбай калып жатканын белгилеген эле.

Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өзүнүн жооп билдирүүсүндө Улуттар уюмунун жогорку даражалуу өкүлүнүн жогорудагыдай сынын четке какты. Баш прокуратуранын өкүлү Светлана Артыкова "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда мыдай дейт:

-Андижанда бир катар террактылар болгондугу чындык. Биз мында дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Андижанда адамдардын өлүмүн алып келген террактар жана өтө оор кылмыштын башка түрлөрүнүн жасалыш фактысы боюнча алдын ала, ошондой эле соттук териштирүү толугу менен кылмыш- процессуалдык мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөнүнө бургубуз келет.

Буга чейин сот жообуна тартылган 151 адамдын арасында 19 жоокер жана 5 милиция кызматкери бар. Алар ошол окуя болгон күнү кызматын аткаруудагы шалаакылыгы үчүн айыптуу деп табылды. Сот жараяндарынын көпчүлүгү негизинен жабык эшик артында өттү. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын жапырт сынынан кийин өзбек тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган чет элдик журналисттерге ушул айдын башында бир ирээт сот залына кирүүгө уруксат берилген болчу. Өзбекстандын Жогорку соту сот жараяндарынын жабык өтүшүн мамлекттик сырды сактоо жана айыпкерлер менен күбөлөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн деп түшүндүргөн. Анткен менен өзбек Башкы прокуратуранын өкүлү Светлана Артыкова сот жараяндары укук коргоочулар менен журналисттер үчүн жабык болгон жок деп эсептейт:

-Мен толук жоопкерчилик менен билдирем. Сексуалдык мүнөздөгү жана мамлекеттик сыр менен байланыштуу кылмыштарды карагандарды эске албаганда, баардык сот жараяндары ачык.

Көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, өзбек бийликтери Андижан окуясы боюнча сентябрдын аягы менен ноябрдын башында болгон алгачкы сот жараяны өлкөнүн беделине доо кетиргенин сезген соң калгандарын жабык өткөрүү чечимине келген. Айткандай эле байкоочулар, укук коргоочулар, чет элдик журналисттер, дипломаттар үчүн ачык болгон алгачкы сот жараянына укук коргоочулар жакшы даярдалган "көрсөтөмө сот" катары баа беришкен эле.

Анда Махбуба Закирова аттуу 33 жаштагы, үй –кызматындагы аял расмий бийликтин сөзүн сүйлөөдөн баш тартып, өкмөттүк аскерлер куралсыз аялдар менен балдарды көздөй ок жаадырганын айтып чыгышы ошол соттун көрсөтмөлүүлүгүн ачыктагандай болгон. Алгачкы сотто иши каралган 15 айыпкердин баары күнөөсүн моюнуна алып, 12ден 22 жылга чейин түрмөгө кесилишти.

Укук коргоочулардын пикиринде, алар күнөөсүн кыйноонун натыйжасында алышы мүмкүн. БУУнун кыйноолор боюнча мурдагы атайын докладчысы Тео ван Бовен өткөн аптада "Хьюман Райтс Уочт" уюму аркылуу тараткан билдирүүсүндө өзбек абактарында сотко чейин жана андан кийин кыйноо практикасы азыр деле өкүм сүрүп жатканын белгиледи.

Ал эми Улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясынын көз карашында, айыпкерлердин укуктары бузулбаганын ырасталыш үчүн сот жараяндарына байкоо жүргүзүлүш керек болчу. Хосе Луиз Диас аталган комиссиянын басма сөз катчысы:

-Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариат Андижандагы окуяларга байланыштуу айыпталгандардын жүрүп жаткан жана келечектеги сотторунда байкоочусу болушун каалар эле. Бул ошол соттук угуулар эл аралык нормаларга ылайык өткөн- өтпөгөнүн аныктоого негиз берет.

Өзбек бийликтеринин эсебинде, Андижандагы тополоң учурунда 187 киши мерт болгон, алардын көпчүлүгү согушкерлер, милиция кызматкерлери менен аскерлер. Бирок, укук коргоочу уюмдардын эсебинде, Андижанда аскерлердин ылгабай аткан огунан улам өмүрүнөн айрылнгандардын саны 1000ге жетиши мүмкүн. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар.

Өзбекстан Улуттар уюму, Евробиримдик, АКШнын көз карандысыз изилдөө жүргүзүү жөнүндөгү чакырыгын четке какканы белгилүү. Анткен менен ал бул маселеде Кытай менен Орусиянын дипломатиялык колдоосун алды.

КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНА ТИЙБӨӨНҮ КАЗАК ӨКМӨТҮ УБАДА КЫЛДЫ.

Бекташ Шамшиев, Бишкек - Тараз Казак жериндеги кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү, энергетикалык маселелерди биргелешип чечүүнүн жолдору, эки өлкөнүн экономикалык алака-катышы 21-декабрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланды.

Кыргызстанга жетиштүү көлөмдө күйүүчү-майлоочу майларды берүүгө Казакстан өкмөтү макул болгонун “Мунай мырза” компаниясынын президенти Улан Базаркулов маалымдады.

- Жылдын аягына чейин ташып чыгууга тыюу салып коюшкан, ошол сакталууда. Кудай буюрса квота беришти, ал маселе чечилди. Эми бензин менен солярка Кыргызстанга келе баштайт. Анан ушул дүйшөмбүдө Астанага барганы жатабыз. Ошондо эки өлкө ортосундагы көп сырлар чечилет.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилени салкын-суук кылган проблемалардын эң орчуну чекара көйгөйү. Талас облусунун губернатору Искендер Айдаралиевдин айтуусунда, жаңы үлгүдөгү ички паспорт менен чекарадан өтүүдө биртоп кыйынчылыктар болууда.

- Азыр деле ачык айтып коюш керек, чек ара маселеси сакталууда. Бишкекке барыш үчүн Казакстан аркылуу өтөбүз. Мына ошол жерде биздин жарандык күбөлүк казактар үчүн жарабай калып жатат.

Казакстан тарап Кыргызстандан агылып барган эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү, айыл чарбасында иштегендерге 10 миң орун бөлүүгө, ал эми базарда соода-сатык кылып жүргөндөргө убактылуу жекече ишкерлик күбөлүгүн алса иштөөсүнө тоскоолдук болбосун ырасташты.

Эки өлкөнүн экономикалык алака-катышындагы дагы бир орчун проблема суу-энергетика маселеси. Казакстандын өкмөт башчысы Даниял Ахметов бул жаатта биртоп иштер аткарыла тургандыгын маалым кылды:

- Кыргызстанда жакшы шарттар бар экенин билебиз. Эки тарапка пайда келтиргидей шартта аны биз инвестициялоого даярбыз. Бул менин оюмча, жакшы келечеги бар, келечеги дурус иш. Себеп дегенде, эки өлкөнүн энергетикалык системасынын алдында Орусиянын, бир тууган өлкөлөрдүн биргелешкен базары турат. Бир жылдан бираз кечигибирээк биз “түндүк-түштүк” электр системасынын бир өңүрүн аяктаганы турабыз. Бул Казакстандын түштүгү менен Кыргызстанды, Орусияны кошо турган байланыш.

Казакстан “Камбарата – 2” ГЭС курулушун аягына чыгарганга куштар экенин Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министри Алмаз Атамбаев да ырастады.

- Туура, булар ушу “Камбарата –2” ГЭСине кызыкдар. Бул ойлонулуп туруп аткарыла турган маселе. Мен ойлонуп турам, Кудай буюрса, жолубуз ачылып, биздин казак туугандардын экономикабызга тийгизчү салымы чоңоет.

Анткен менен азырынча жалаң Казакстан, Кыргызстан эмес, жаамы постсоветтик Борбор Азия республикаларынын ортосунда талаш чакырып келаткан маселе сууга барып такалууда. Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов Таразда суу боюнча жалпы маселелер боюнча гана макулдашылганын маалымдап, азырынча Токтогул суу сактагычындагы сууну кое берүүнүн жол-жобосу боюнча бир пикирге келе алышпаганын билдирди.

- Бул жерде маселе башкачараак чечилмекчи. Мен комплексин белгилеп кетейин. Суу боюнча. Эгер биз аны көбүрөөк кое берсек төмөндө турган Шардарыя суу сактагычы керектен чыгат. Бул маселени жөнгө салыш үчүн сууну кое берүүнү тууралашыбыз керек. Алар секундуна 600 кубметр сууну кое берүүнү сурап жатышат. Биз антсек зыян тартып калабыз деп жатабыз. Биз азырынча негизги параметрлер боюнча гана макулдаштык. Себеп дегенде, бул маселени Өзбекстан, Тажикстан менен биргелешип чечүү зарыл.

Кийинки кездери Кыргызстан менен Казакстандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда оголе көп жолугушуулар болууда. Ортодогу талаш маселе оңуна чечилгени айтылып келет. Бирок да президенттик шайлоонун алдында – 26-27-ноябрда казак өкмөтү кыргыз эмгек мигранттарын кууп чыгарып, паспортторуна белги коюп коюшкан. Тараздагы жолугушуудан кийин аны өчүрүшкө макул болушту.

ӨЗБЕКСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ ГЕРМАНИЯДАН ЭМНЕ ҮЧҮН КАЧТЫ?

Германияда дарыланып жаткан Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматов журтуна шашылыш кайтты. Буга адам укугун коргоочу уюмдардын Закировду Анжияндагы кан төгүүлөр үчүн жооптуу дешип, сотко берүүсү себеп болду. Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюму Алматов менен кошо дагы 11 ырасмий адам Анжиян чатагын басуудагы мыкаачылыктары үчүн жазаланыш керек деп санайт.

Хьюман Райтс Уоч уюмунун маалымдашынча, Закир Алматов башындагы бийлик өкүлдөрү Германияда 2002-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде соттолуш керек. Мыйзам чет элдик ырасмий адамдарды, кылмышты кайда жерде жасабасын, жоопко тартууга мүмкүндүк берет. Эл аралык уюмдун юристи Вольфганг Калек немец бийликтери тергөөнү баштай бериши зарыл деп санайт:

- Германия далилдерди, өзгөчө, Анжияндагы кыргынды көргөн качкындардын жана акыркы жылдары Өзбекстандагы салтка айланган кыйноолор жөнүндө маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн ырасмий адамдардын көрсөтмөлөрүн топтоодон башташы шарт. Андан соң германиялыктар сот Германияда же башка жакта болушун чечет.

Калектин айтымында, удаа эле эл аралык соттун өкүмү чыгышы жана Алматовдун өзү Германияга сотко келиши зарурат.
Анжияндагы калабадан кийин Закир Алматов башындагы 12 адамдын Евробиримдикке келүүсүнө тыйуу салынган. Алматовго санкция жарыялангандан бир нече күн илгери Германияга келип, дарыланууга уруксат берилген.

Хьюман Райтс Уочтун Евробримдик боюнча директору Лотт Лайхт айымдын билдиришинче, Закир Алматовдун кыйноолорго түздөн түз катыштыгы бар экенин тастыктаган далилдер “толтура”:

–Биз Өзбекстанда кийинки жылдары кыйноону баштан кечирген жана айоосуз кыйноого алынган адамдардан, ошондой эле өкмөттүк адамдар менен кездешүүдө алардын сөздөрүнүн негизинде чогулткан далилдер, бийликтер кыйноолорду токтотуу үчүн жигердүү чара көрүшпөгөнүн күбөлөйт. Бизде эл аралык байкоочулар, анын ичинде Улуттар Уюмунун атайын докладчысы топтогон да далилдер бар.

Улуттар Уюмунун Өзбекстандагы кыйноолорду изилдеген тобунун башчысы Манфред Новак 16-декабарда Германияны Закир Алматовго каршы кылмыш ишин ачууга чакырды. Топтун мурдакы башчысы Тео Ван Бовен 2001-жылы Өзбекстандын абак жайларын инспекция кылгандан кийин, түрмөлөрдөгү адамдарды кыйноолор “адатка айланган көрүнүш” деген тыянкакка келген.

Адам укугу боюнча Хельсинки федерациясынын жетекчиси Арон Родес абалды жакшыртуу үчүн эл аралык коомчулук ырасмий Ташкентке кысым жасашы абзел деп эсептейт:

-Европа өкмөттөрү бар мүмкүнчүлүктөрдү колдонолу деп табышса, алар Алматов мырзага каршы кылмыш ишин козгошу жөн. Бул ишти Хельсинки федерациясы колдойт.

Эл аралык мунапыс уюму Алматов уруп-кыйноолор үчүн Германияда сот жообуна тартылган чет өлкөлүк “биринчи ырасмий адам болуп калышы ыктымал” деген үмүттө.

АЛМАТЫДАГЫ “ЖЕЛТОКСАН” ОКУЯСЫ

1986-жылдын 16-декабрында Казак ССРинин борбору Алматы шаарында Совет өлкөсүнө каршы козголоң чыккан. Алматыда өткөн козголоң Совет мамлекетинин пайдубалына доо кетирип, ага кирген улуттук республикалардын эгемендикке болгон умтулуусу күч алган, ал окуя акыры СССРдин кулашына себеп болгон.

Кээде калктын эсинде кыттай уюй турган дата жана окуялар болот эмеспи. Андай окуялар бир элдин эле эмес жалпы коомду бушайманга салгыдай энергия камтыйт жана ал күч тарыхты өзгөртө турган канат байлайт. Мына ушундай эстутум окуя 1986-жылдын декабрь айында мурдагы Казак Советтик Социалисттик Республикасынын борбору Алматы шаарында болгон.

Тарыхта ал окуя – “Желтоксан”, же казактардын Декабрь көтөрүлүшү деп аталып келет. Казак жаштарынын коммунисттик системага каршы уюшулбастан, кокустан козголуп чыгышы адегенде, социалдык маселелерге байланыштуу. Анын айрым бир себептери азыркы пенсионерлерге окшогон калктын аз корголгон катмарынын социалдык укуктарынын бузулуп жатышына окшошуп кетет.

Алыскы 1986-жылдын август айында Совет бийлиги “эмгектен тышкары кирешеге каршы күрөш” деген компанияны баштап, анын бир кесепети Алматы шаарындагы квартира берчүлөргө жана студенттерге тийген. Күзгү окууга келген казак жаштары квартира таппай, алардын көпчүлүгү көчөдө калган. Коммунисттик системанын волюнтаристтик саясатына кошул-ташыл Москва Казакстан компартиясынын биринчи катчылыгына Г.Колбинди дайындашы, ансыз да чайналып турган жаштардын нааразычылыгын жаратат.

М.С.Горбачевдун айкындуулук саясатына дем байлап, акыры калыстык орнойт го деген ишенимге муздак суу бүркүлүп, жергиликтүү элдин кызыкчылыгынын тебелениши “борбордон танууланган Г.Колбинге” каршы козголоңдун чыгышына себеп болду. Адегенде жаштар “Жашасын лениндик улут саясаты!”, “Ар бир калкка - өз жетекчиси!” деген саясий ураандар менен көчөгө чыгышкан. Декабрь айынын 17-18-күнү демонстранттарды таркатуу үчүн “Метель” аттуу аскер операциясы даярдалып, Алматыга аскер киргизилип адам өмүрү кыйылган алаамат башталган. Коммунисттик система Алматы окуясына тескери баа берип, аны кыйрап бараткан режимди сактап калуу максатында козголгон “бир ууч улутчулардын” аракетинен улам чыкты деп көшөрүп койгон. Ошол убактагы Г.Колбин, М.Соломенцев, Ф.Бобков, Е.Разумов сыяктуу компартия функционерлери “казак улутчулдугу” деген көрсөтмөгө жамынып, башка республикалардын алдыңкы интеллигенциясына каршы кысымды күчөтүшкөн.

Алматыдагы Желтоксан козголоңунда ондогон адамдардын өмүрү кыйылышы жана миңдеген интеллигенттердин кызматынан куулуп, турмушунун бузулушу компартия идеологдоруна чымын чаккандай таасир калтырган эмес. Алар бөөдө өмүрү кыйылган жаштардын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, компартиянын улут саясатына түзөтүүлөрдү киргизүүнүн ордуна “улутчулдарды” таап, алардын тамырын кыркыш үчүн көшөкөрлөнө аракет көрө баштаган. Мындай жаңылыш аракет акыры Советтер Союзуна болгон ишенимди жоготуп, ал акыры коммунисттик империянын кыйрашына алып келди

СВАСТИКА - ТАЖИК БИЙЛИКТЕРИ ҮЧҮН АРИЙЛЕРДЕН КАЛГАН МУРАС

Төрөкул Дооров, Москва. Постсоветтик башка мамлекеттердей эле, Тажикстанда өз тарыхына карата жаңыча көз-караш, мамиле 1991-жылы эгемендик жарыялангандан кийин күчөй баштады. Көптөгөн тарыхчылардын ишениминде, тажиктер арийлерден тарагандыктан, арийлер маданияты же индо-европалык маданият кеңири окутулуп, жандандырылышы абзел. Арийлер маданиятын кайра жандандыруу азыркы тажик жетекчилигинин да колдоосун таап, 2006-жыл президент Эмомали Рахмонов тарабынан арийлер цивилизациясынын жылы деп жарыяланды. Анткен менен арийлердин негизги символу катарында нацисттик Германия колдонгон белгини кабыл алган азыркы тажик бийликтеринин кадамын көптөгөн тажикстандыктар айыптап чыгышты.

Свастиканы, же нацисттердин белгисин, ушу тапта Тажикстандын көп жеринен көргөнгө болот. Бул белги дүйнөдө нацизмдин белгиси болушу деле мүмкүн, бирок тажик бийликтери жана тарыхчыларынын айтымында, алар үчүн бул такыр башкача түшүнүктү берет.

Тажикстандагы Согди облусунун администрациясында идеология бөлүмүн жетектеген Абдулхаким Шариповдун айтымында, бул арийлер маданиятынын символу. Ал көптөгөн кылымдар бою колдонулуп келген. Бирок тарыхта ар ким муну ар кандайча түшүндүрүп олтуруп, кийин нацисттер өздөрүнүн белгиси катарында колдонушкандан кийин, анын маанисин көпчүлүк терс кабыл ала баштады. Чын-чынында ал «түбөлүк кыймыл», «түбөлүк» дегенди билдирет. «Андыктан, биз айрымдардын түшүнүгү менен эле чектелип калбашыбыз керек» дейт ал.

Бул маселе тажик президенти Эмомали Рахмонов 2006-жылды арий цивилизациясынын жылы катарында жарыялоо боюнча чечим кабыл алгандан кийин көтөрүлө баштады. Бул кадамдын башкы максаты катарында арийлердин дүйнөлүк тарыхтагы салымын, ордун окутуп, аны кеңири жайылтуу жана жаңы тажик муунун өзүн-өзү таанууга үйрөтүү айтылган.

Тажик бийликтери арийлердин маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү катарында свастиканы тандап алышты. Свастика өзү «түбөлүктүүлүктүн» белгиси катарында Индияда пайда болгон. Ал эми перстер болсо тээ атам замандан бери «арийлер» деген сөз алардын өздөрүн жана өздөрүнүн тилин билдирет деп келишкен.

Адольф Гитлер свастиканы нацизмдин символу катарында кабыл алып, немистер арийлер экенин жана башка улуттардан өйдө тураарын айтканы белгилүү.

Батышта көпчүлүк үчүн бүгүн бул белги өзүнчө жабык тема. Ал нацизмдин, фашизмдин белгиси катарында таанымал.

Тажикстанда болсо көпчүлүк бүгүн свастиканы көргүсү жок. Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин тобу президент Рахмоновко бул белгини колдонууну токтотуу өтүнүчү менен кат жолдошкон. Алардын бири мындай деди.

- Мен Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагеримин. Биз, ардагерлер, свастиканы жок кылууну талап кылабыз. Биз бул свастиканы илип алган нацисттерге каршы согушкан элек. Эми эмне үчүн биз аны үгүттөшүбүз керек?, - дейт ардагер.

Азырынча тажикстандык президент бул суроолорго жооп бере элек. Бирок президенттин чечимин көптөгөн тажик тарыхчылары колдоп жатышат.

ПРЕЗДЕНТ КАРИМОВ КЕЛАТКАН ЖЫЛДЫ ДЕМӨӨРЧҮЛӨР МЕНЕН ДАРЫГЕРЛЕРГЕ АРНООНУ ЧЕЧТИ

Айымкыз, Ташкент Өзбекстанда ар жылдын соңунда келаткан жылга жаңы ат берүү совет доорунан бери келаткан салттуу көрүнүш. 2005-жыл мамлекетте ден соолук жылы деп жарыяланган болсо, келерки жылды Президент Ислам Каримов “Демөөрчүлөр жана дарыгерлер жылы” деп жарыялоону сунуш кылууда.

Өзбекстан Конституциясынын 13 жылдыгына арналып 8-декабрда өткөн салтанаттуу чогулушта сүйлөгөн президент Ислам Каримов 2006-жылды “Демөөрчүлөр жана дарыгерлер жылы” деп жарыялоону сунуш кылаарын билдирди.

Келаткан жылдын “Демөөрчүлөр жана дарыгерлер жылы” деп жарыяланышы мамлекет турмушуна кандай өзгөрүүлөр алып келет? Ар жылга өз алдынча ат берүүнүн максаты эмне? Бул тууралуу ташкендиктердин пикири кандай болду экен?

Маектештерибиздин биринчи тобунун оюнча, тигил же бул жылга ат коюу менен тиешелүү тармактагы көйгөйлөрдү ошол жылда чечүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бирок, кайсы бир жыл кандайдыр бир аталышка ээ болгондугу үчүн гана ошол көйгөйлөргө көңүл бурулушу туура эмес.Анткени, бизде көңүл бурууга муктаж эмес тармактын өзү да жок дешет бул топтогулар.Алардын айтымында, аяктап жаткан жыл ден-соолук жылы деп аталганы менен анын саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга эч кандай пайдасы болгон жок.Ошондуктан, демөөрчүлөр жана дарыгерлер жылында да бир нерседен үмүт кылуу кыйын дешет алар.
Ал эми борбор шаардыктардын дагы бир тобунун оюнча, акыркы учурда мамлекетте оорукчандардын саны көбөйүп барат.Демөөрчүлөр тарабынан чоң-чоң поликлиникаларга жардам берилсе.Өзгөчө жугуштуу ооруларга, онкологиялык, учук, психикалык жана наркология тармактарына демөөрчүлөр чоң каражат ажыратса, оорукчандардын саны да азаят эле деп эсептешет алар.
Биз микрофон сунган жаштар төмөнкүдөй ойлорун ортого салышты:

- Демөөрчүлөр окууга киришибизге жардам беришсе, бизге гана эмес, ата-энелерибизге да огожо болоор эле.Келишим акчаларын төлөөдө демөөрчүлүк кыла турган уюмдар менен адамдарга өтө чоң сооп болоор эле. Андай кишилер табылса, аларга алдын-ала чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз,- дешти биз менен маектешкен айрым жаштар
Башка бир ташкендик тургундардын пикиринде демөөрчүлөр мамлекеттеги завод-фабрикалардын жанданышына сүрөөнчүлүк кылса дурус болмок:

-
Демөөрчүлөр жылында алардын саны көбөйүп, элдин турмуш-тирикчилик төлөмдөрүнө, ремонт иштерине жардам берсе, элге бир аз болсо да жеңилдик болоор эле деп үмүт кылабыз.Алган айлык эч нерсеге жетпейт.Ишканалар иштебей турат. Адамдар таптакыр эле кыйналып кетишти,- дейт алар.

Жергиликтүү байкоочулардын пикиринче, элдин арасында оорукчандардын санынын артып барышы тамак-аштын тартыштыгынан улам келип чыгууда. Мурда аз кандуулукка учурагандардын 80-90 пайызы аялдар болсо, азыр эркектердин арасында да аз кандуулуктан жапа чегип аткандардын саны артып баратат дейт байкоочулар.Алардын айтымында, бул кийинчерээк бүтүн бир улуттун генинде да өзгөрүүгө алып келиши мүмкүн.
Өзбек өкмөтү тигил же бул жылга ат коюу менен убара болбостон адамдардын турмушун жакшыртууга иш жүзүндө жакшыртууга көңүл бурса дурус болоор эле дешет ташкендик айрым тургундар.

ТАЖИКСТАНДЫН «АЙНИ» АЭРОДРОМУНДА ИНДИЯЛЫК АСКЕРИЙ УЧАКТАР УЯЛАШЫ МҮМКҮН

Төрөкул Дооров, Москва. 5-декабрда, Индиянын премьер-министри Манмохан Сингхдин Орусияга жасаган 3 күндүк сапары жыйынтыктады. Шейшембиде индиялык премьер-министр орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, алар эки тараптуу бир катар келишимдерге кол коюшту. Манмохан Сингхтин Москвага визити учурунда Борбор Азияда индиялык аскерий бөлүктөрдүн пайда болуш мүмкүнчүлүгү да айтылды.

5-декабрда, Индиянын премьер-министри Манмохан Сингхдин Орусияга жасаган 3 күндүк сапары жыйынтыктады. Шейшембиде индиялык премьер-министр орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, алар эки тараптуу бир катар келишимдерге кол коюшту. Манмохан Сингхтин Москвага визити учурунда Борбор Азияда индиялык аскерий бөлүктөрдүн пайда болуш мүмкүнчүлүгү да айтылды.

Content: Манмохан Сингх менен Владимир Путин шейшемби күнү жолугушту жана сүйлөшүүлөр жыйынтыгында «Эки жумурият ортосунда аскерий-техникалык кызматташтыктын алкагында интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасын биргеликте коргоо жөнүндө» келишимге кол коюшту. Индия менен Орусиянын өкмөттөрү ортосунда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы боюнча да бир катар башка келишимдер жетишилди.

Индиялык премьер-министрдин бул жолку сапары убагында эки тараптуу соода-сатык, экономикалык алакаларга көп көңүл бөлүнгөнү байкалды. Бирок дүйшөмбү күнү Орусиянын Коргоо министри Сергей Ивановдун айткан сөздөрү өзгөчө кызыгууну жараткандай болду.

Иванов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Орусия Тажикстандын «Айни» аскерий аэродромун Индия менен биргеликте колдоно тургандыгын жокко чыгарбайт» деп билдирген. Министрдин айтымында, азыр бул маселе боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Айни» аэродрому Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 15 чакырымдай батышыраакта жайгашкан. Ал жерде ушу тапта ремонт иштери жүрүп жатат жана бул ишке индиялык куруучу-адистер да тартылышкан. «Айни» аэродромунда орусиялык тик-учактардын бир канчасы бар. Эми ал жерде индиялык да аскерлердин пайда болуш мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеңири айтыла баштады.

Анткен менен орусиялык көз карандысыз аскерий аналитик Павел Фельгенгауэр билдиргендей, орус министринин айткандарын азыр таржымалоо татаал. Анткени эмне үчүн Индияга Борбор Азияда өзүнүн аскерий күчтөрүн жайгаштыруу керектиги белгисиз.

- Эгерде Индия Тажикстанда өзүнүн аскерий күчтөрүн жайгаштыра турган болсо, анда Индиянын өзүндө көптөгөн проблемалары пайда болот. Анткени Тажикстанга жетиш үчүн анын аскерий учактары Пакистандын же Кытайдын аймагын кесип өтүшү керек. Кашмир проблемасын эске алганда, бул дээрлик мүмкүн эмес. Экинчи жол – Пакистанды айланып өтсө болот, бирок мындай абалда деле Пакистанга башка тараптан көз сала баштаган Индиянын кадамына ырасмий Исламабаттын мамилеси жакшы болбой турганы айкын. Ошондуктан, азыр Индия «Айни» аэродромун кандайча колдонушу мүмкүн экендиги белгисиз, - деди орусиялык аскерий аналитик Павел Фельгенгауэр.

Орусиянын Коргоо министри, андан сырткары, Орусия Индияга Ту-160 жана Ту-95 өңдүү стратегиялык бомбалоочу учактарды сатпай турганын баса белгиледи.

КАЗАКСТАНДАГЫ ШАЙЛОО ДЕМОКРАТИЯ СТАНДАРТТАРЫНА ТӨП КЕЛГЕН ЖОК

Алдын ала маалыматтар боюнча, жекшемби күнү Казакстанда болгон президенттик шайлоодо элдин көпчүлүгү президент Нурсултан Назарбаевге ишеним көрсөтүшкөн. Борборшайлоокомдун билдиришинче, оппозициячыл талапкер Жармахан Туякбайды 445 миңден бир аз көбүрөөк шайлоочу колдогон. Өлкөнү 1991-жылдан бери башкарып келаткан Назарбаев алдыдагы жети жылда Казакстанды дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу элүү мамлекеттин катарына кошом деп убада кылды.

Казакстандын борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Оңалсын Жумабеков дүйшөмбү күнү Астанада президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын билдирди:
-Нурсултан Назарбаев үчүн 6 694 000 шайлоочу же шайлоочулардын 91, 01 проценти добуш берди. Жармахан Туякбай 445 047 же 6. 64 процент добуш алды.

Бейөкмөттүк Евразия рейтин агенттигинин өкүлү Нурлан Сабыров добушканадан чыккан адамдар менен өткөрүлгөн “эксит-пол” сурамжылоосунун натыйжасында, басымдуу көпчүлүк президент Назарбаевге ишеним көрсөтөөрүн маалымдаган:

-Биз өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Назарбаев мырза талашсыз лидер, ал добуштардын көбүн алды. Кийинки орунда Туякбай мырза, анын артында эң аз добуш алган Элөйсизов мырза.

Мелс Элөөсизов “Табият” кыймылынын адыйы.
Башкеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан “Интермедиа” изилдөө институту ишемби күнү өткөргөн сурамжылоо Назарбаев 71 процент, калган эки талапкер 2 проценттен бир аз көп добуш алаарын көрсөткөн.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Казакстандагы жалпы элдик шайлоо демократиянын стандарттарына жооп бербеди, добуш берүү учурунда жалгама бюллетендер колдонулду, шайлоочуларга кысым көрсөтүлдү жана башка мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

Кыргызтсандык байкоочу Эдил Байсалов шайлоо өнүктүгү учурунда оппозициячыл талапкерлерди коркутуп-үркүтүүлөр болгонун белгилөө менен, шайлоодо студенттер кандай добуш беришкенин мугалимдер көзөмөлдөр турушканына өзү күбө болгонун айтат:

Ал эми британ парламентарийлеринин байкоочулар тобунун баасында добуш берүү калыс өткөнүнөн шек санап болбойт.

КМШ өлкөлөрүнөн барган байкоочулар тобунун башчысы Владимир Рушайло шайлоо учурунда жарандардын добуш берүү укугу бузулбады, шайлоо калыс өттү деген баасын айтты.

Нурсултан Назарбаев дүйшөмбү күнү Астанада шайлоочулар менен болгон кездешүүдө аларга көрсөткөн ишеними үчүн ыраазылыгын айтты:

-Адамдар өлкөдөгү туруктуулук үчүн добуш беришти, элдин туруктуулугу үчүн добуш беришти.

Назарбаев саясый өнөктүк маалында алдыдагы жети жылдык мөөнөттү Казакстанды дүйнөдөгү экономикасы мыкты өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошом деп убада берген.

Казакстандагы шайлоо эл аралык стандарттарга төп келген жок.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кечээ күнкү президенттик шайлоого ушундай баа берди. ОБСЕнин байкоочулары шайлоо өнөктүгү бир катар чектөөлөр менен өткөрүлдү, добуштардын санактары бурмаланды деп билдирди. Республикалык шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда олуттуу эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганын ырастоодо. Ырасмий маалыматтарга ылайык, бийликтеги президент Нурсултан Назарбаевди добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 91 проценти колдоду, анын негизги атаандашы, оппозициялык талапкер Жармахан Туякбай алты жарым процент добуш алды. Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн Назарбаевге телефон чалып, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG