Төрөкул Дооров, Прага Өзбекстандык атуул Габдурафих Темирбоев Улуттар уюму тарабынан качкын статусун алганына карабай, 24-июнь күнү Казакстандын Алматы шаарында камакка алынды. Темирбаевдин аялы Бактыгүл Омонованын айтымында, 24-июнь күнү түнкүсүн алардын үйүнө өздөрүн казак милициясынан деп тааныштырган үч киши кирип, анын күйөөсүн алып кетишкен. Ошол эле учурда, казак полициясы аны камакка албаганын айтып жатат. Айрымдар Темирбоевди Өзбекстандын жашыруун кызматтары уурдап кетишсе керек дешсе, дагы башка кабарларга караганда, ал Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган болушу мүмкүн.